Айгүл ШАРШЕН


"Тирүүлүк шамы өчпөсүн"


Жаратылыштын кооздугуна суктанып бүтө албайсың чиркин, кызыгы ал суктануу ден-соолугуң чың, телегейиң тегиз болсо гана, оорунун азабын тартып кең дүйнө тар көрүнүп турган кезде кайдагы кооздук, безеленип сайраган булбулдун үнү жакпай турган кезде өмүрдүн ар бир аткан таңы көңүлүңдү чөгөрүп дагы бир күнгө өмүрдүн кыскарганына өкүнүп улутунуп тим болосуң. Ошол үчүн тирүүлүк тура, ошону үчүн адам-адам болот тура, чынында адам баласы качан гана оору жанды кейитип ажал ар тарабыңдан шыкаалап бүгүн бар болсоң эртең жок болооруңду, түбөлүктүүлүк жок экенин эсиңе салган кезде гана өзүңдүн өлбөөчүдөй кең дүйнөнүн кызыгына батып дүйнөң түгөл болуп турган чакта өлүү дүйнөнү жыйнап, пачкалаган акчаны басып алып демине өзүңдү баатыр сезип эртеңки күндү ойлобогонуң эсиңе түшкөнү өкүнүчтүү. Мен бул чыгармада асман менен жердин ортосунда кудайды да унутуп, алгач аялын, андан соң үй-бүлөөсүн көзүнө илбей жүрүп анан оорунун кылтагына илинип, ошол байлыгы да жардамга келе албасын билгенде гана өзүнүн каталыгы үчүн баарына даяр болгону, тирүүлүктүн шаңы, азап-тозогу жалгыз гана алланын колунда экенине көзү жеткен бечара пенде жөнүндө болмокчу...

Сабыр Жолдубайдын экинчи уулу, жети баласынын ичинен ушул баласы тырышчаак жана тың экенин көрүп ата-эне кубанып калышат. Жолдубай жылкы бакчу, аялы Бурма экөө өмүр бою жайлоолоп, өкмөткө кымыз өткөрүп эмгектенип пенсияга чыккан. Сабыр мектепти бүтүп эле аскерге барып келип эл өйдө төмөн болуп чайналып турган кезде ата-энесине коштошуп кайдадыр кетти, ал убакта калктын соодага анча көнө албай турган кези, айылдагы жумуш кыскарып, үйдө отуруп калган кызматкерлер дагы эмне кылаарын билбей кээси бекерчиликтен ачуу суунун кулу болсо кээси өз кудуретине таянып жашоосуна кам көрүп кимдин-ким экенин таразалап турган кез. Сабыр Бишкекке келип андан Москвага учуп кетти. Үч-төрт жыл андан эч кабар болбогонго ата-энеси кабатырланып жүрүшкөн учурда алардын эшигинин алдына аппак жумурткадай болгон Ауди-100 унаасы токтоду. Ошол кезде Жолдубай сыртта жүргөн: "Бул ким болуп кетти", - деп утурлай басып бара жатканда Сабыр жаркылдап чыга келди:

- Ата-а!

- Уулум, бул сенсиңби? - Ата-бала кучакташып турганда Бурма чыга калды:

- Уулум, кагылайын каралдым! - деп жетип келип кучактап калды, - Көрөр күнүм бар экен да садагам, - Бурма ыйлап жиберди.

- Апа, жарыктык десе ыйлабаңыз эми, - деп Сабыр апасына жаркылдай карады, - Ата, апа мен жалгыз эмесмин, келин балаңыз бар, - деди Сабыр ыңгайсыздана карап.

- Эмне дейт ботом, алдын ала айтып койбойт белең? - деп эне эмеспи Бурма уулуна оңурая карады.

- Мейли кемпир, келсе жакшы болуптур, коңшу колоңду, Кадырды чакырт, - деди Жолдубай. Ошентип беш жылдан кийин Сабыр бир уулу менен аялын алып келип ата-энесинин оозун ачырды. Тууган уругу чогулуп келип заматта той башталып кетти, Жолдубайдын деле колунда бар, эл ортону болуп жашайт, Кадыр эки балалуу болуп калган. Зейнеп күйөөгө чыгып бир балалуу болуп ата-энесине жакын турат. Сабыр ата-энесине жүк болгусу келбей баарын өзү көтөрүп, Сагынайдын ата-энесине калыңды, кубалап келгенин өзү тейледи. Буга ата-энеси абдан кубанып калды. Уулу бир жашар эле. Небересин колдон-колго талашып оңуп да калышты, Сабыр бул кубанычтарын көпкө созбой кайра эле кетээрин айтканда Жолдубай уулун ормое карады:

- Уулум, эми кайда барасың, өлбөстөй оокатыбыз бар, үйдө болгонуң эле жакшы го, заман бул болуп жатат, экөөңөрдү кетирип жиберип сары санаа болобуз го?

- Ата, биз Сагынай экөөбүз аякка көнүп калганбыз, бизнес дагы баштап койдук барбасак болбойт.

- Өз элиңден дагы бөтөн эл артык болуп калдыбы?

- Ата, бизди түшүнсөңүз, бул жерде эмне кылмак элек?

- Иште. Биерден деле бизнесиңди кылсаң болот.

- Жок болбойт ата, - деп Сабыр бүтүм чыгаргандай ордунан турду, - Баел биерде калсын, анткени биз аякта күндөп-түндөп иштөөгө туура келет.

- Ботом, ал эмне болгон жумуш, күнү-түнү иштегидей? - Бурма уулуна элээ карады.

- Ата-апа, мени түшүнгүлө, андан көрө ак батаңарды бергиле дагы бизди узаткыла, - деди Сабыр, ата-эне уулунун айтканынан кайтпасын билгенден кийин аргасыз баталарын берип жөнөтүп али там-туң баса элек небересин алып калышты. Убакыт деген учкан куш дегендей бир жыл өткөндө алар бирөөдөн акча берип ийди эле ал бербей коюптур, ал жердеши Темирбек эле, Москвадан жакшы иштей албай ооруп калганда айылга кетмек болуп Сабырга жолугуп калганда элүү миң рубль берип ийген эле. Темирбек аны иштетип анан кайрып бермек болуп Бишкектен товар алып баса берген болчу, бирок ал өнүктүрө албай банкрот болуп үй-бүлөөсү менен шаарга көчүп кетти, анын эң биринчи уялганы, алган аманатын кайрып бере албастыгы себеп болгон, Сабырдын андан акча берип ийгенин алар билмек эмес, кийинки жылы дагы бирөөдөн акча берип ошондо кат жазып мурунку акчага мал алып койдуңарбы деген экен. Бекжан аларга акчаны берип:

- Мен кайра эле кетем, ата-энеме бир кабарлашуу үчүн келгенмин, кетээрде кайрылам, кат жазып койсоңуздар ала кетейин, - деди.

- Болуптур балам, кыскасы Сабырлар тынч аман жүрүшөбү? - деди Жолдубай ага.

- Баары жакшы аба, мен Сабыр байкем менен иштешип жатам, анын иши жакшы жүрүп калды.

- Кудай жар болсун, - деп койду Бурма, анын көкүрөгүнүн тереңинде: "Элден азып ата-бабасы тааныбаган жерде жүргөнчө биерде болсо болбойт беле, кантейин тилибизди албады", - деген таарыныч бар эле. Жолдубай Бекжан кеткенден кийин ойлонуп калды: "Эмнеге аманатты аткарбай койду, уулум ал жакта ошончо акчаны оңой таппаса керек, бир барып сурайын", - деп ойлоп Темирбектин үйүнө жөнөдү, ал айылдын четинде турчу, ата-энеси абдан кары кишилер, улуу баласы колунда, кыздары турмушка чыгып кетишкен эле, үч уулунун үчүнчүсү Темирбек. Жолдубай келгенде Картаңбай сыртта жүргөн:

- Ассалоому Алейкум! - деп Жолдубай кош колун суна учурашты.

- Алеки Салам, кел Жолдубай, келчү эмес элең?

- Келе турган иш болуп калды, - Жолдубай бирөөнү издегендей эки жагын каранды, - Темирбек кайда кеткен?

- Аа-а ал Бишкекте, соода кылабыз деп кыла албады, анан иштейбиз деп аялы экөө тең кеткен.

- Мейли анда, Темирбекте ишим бар эле, - Жолдубай кетмек болгондо Картаңбай:

- Үйгө кирип нан-пан ооз тий, - деди.

- Жо-ок, убара болбогула, мен барайын, - деген Жолдубай короодон чыгып кетти, карыны капа кылгысы келбеди, Темирбек болсо уяткармак, ал жок үйүнө баса берди, ал уулуна бул жөнүндө айтпоону чечти, антпесе анын ачуусу чукул, акчанын артынан түшкөн неме бир жамандыкка барабы деп чочулады. Бекжан кетээринде кайрылды эле өздөрү, уулу жакшы жатышканын жазып берип ийди. Кадыр жайы-кышы мал багып, өздөрүнүн малына башкалардын дагы малын кошуп алып акысын алып тынч кана өмүр сүрүүдө, ата-энесин аш катыктан кейитпейт, эт-аш кенен, Жолдубай менен Бурманын көкүрөгүн өйүгөн жалгыз Сабыр, беш кыз эки эркеги бар, үч кызы турмушта, эки кызы ата-энесинин маңдайында кирин жууп, кирпигин тарап турушат. Ошол жылы Гүлканды ала качып кетти, колунда жок үй-бүлөөгө барганын көрүп ата-эне ичтен тынып тим болду, кубалап барышып каада-салты менен көшөгөсүн кошо берди, калыңына ыйлап-сыктап эки миң сом бир кой бергенде унчукпай кызынын эртеңки тагдырын ойлонуп эчтеке дебеди. Кадыр бир топ ачууланды, бирок аны аялы Айымкан тыйып койду. Сабырдан бир жылда бир кабар болуп турат, акча салып мал алгыла дегенден тажабайт, эки-үч жылдан кийин дагы бир уулдуу болгондо келишти да Сагынайды Нурел менен кайнатасыныкына таштап кетип калды, андан кийин эч кабар болбой жети жыл өтүп кетти, Баел он жашка чыгып үчүнчү класста окуп калган. Сагынай Москвага барып Сабырды таппай келгенден кийин алар кабатыр болуп жүрүшкөн,. Эки уулу тең чоңое баштаганда Сагынай Бишкекке кетип соода кыла баштады, ошол убакта Сабыр ата-энесине келип кайра кеткени жатканда Бишкектин дордой базарында София менен жүргөндө Сагынай көрүп калды, артынан акмалап бара жатканда София ары көздөй бөлүнүп кетти эле:

- Сабыр, качан келдиң? - деди артынан.


- Сагынай, - деп бери бурула берген Сабыр туруп калды.

- Качан келдиң?

- Бир жума болду, кайра кетип жаткам.

- Тиги ким?

- Кайсы?

- Жаныңда жүргөн аялчы?

- Аа-а, ал товар карап жүрөт, Москвага отправка кылат экен.

- Сабы-ыр! - деп ошол учурда София аны чакырып калды.

- Азыр, - деген Сабыр Сагынайды карады, - Азыр келем, ага көрсөтүп коеюн ээ? - деп шашып басып кетти. Сагынай ал татар кызды көрүп күйөөсүн кызганып турду, бирок эчтеке дей албады, ыйлагысы келип ордуна келип товарын жыйнап көңүлү чөгүп үйгө кетмек болуп отурганда анын отурган ордун билбеген Сабыр Софияны колтуктап өтүп бара жатканда:

- Сабыр! - деди үнүн бийик чыгара.

- Сагынай, - деп бурулуп Софияны колтуктаган колун тартып алды, - Бул жерде эмне кылып отурасың?

- Соода кылам. Тигини кете бер дебейсиңби.

- Жок-жок, узатып коюп келем.

- Мен сени менен барайын анда.

- Сен күтө тур, мен өзүм эле, - деген Сабыр шашыла басып кетти, Сагынай анын артынан акмалап отуруп таксиге отурушканда шашыла такси кармады да артынан жөнөдү, алар мейманканага келип токтогондо таксини жөнөтүп көрүнбөскө аракет кылып кирип барып бөлмөсүнө киргенде өзүн токтото бир азга турду да эшигин какты.

- Ким? - деген Сабырдын үнү угулду.

- Мен эле, ачкын Сабыр! - Сагынай өктөм үн катты.

- Сс-сен...

- Ооба мен! - деп аны түртө кирип барды, Сабыр эшикти ачаары менен ал ичкери кирип барды эле София аны карап туруп калды, - Сен кимсиң?

- Мен...

- Сагынай мен түшүндүрүп берем, - деп Сабыр Сагынайды сыртты көздөй колунан алып чыкмак болду.

- Эмнени түшүндүрсөң дагы ушул жерден айт, мен эч жакка чыкпайм!

- Мени укчу Сагынай.

- Эмнени угам, балдарың бар туруп менден жашырынып жүргөнүңдүбү, сени мен барып Москвадан таппай келдим го, көрсө сен ушул аял үчүн из жашырган экенсиң го ээ, уялбай ата-энеңе алып бардыңбы? - Сагынай андан колун жулкуп алып Софиянын маңдайына келди, - Сен мунун үй-бүлөөсү бар экенин билесиңби?

- Билем, - деди София ага кашкая карап, - Мен Сабырды сүйөм.

- Эмне-е? - Сагынай күйөөсүн карады эле ал аны эми ачуулу келип карыдан алып сүйрөп жөнөдү.

- Кетип кал Сагынай, ачуум менен бирдеме кылып коем.

- Кана, ур-саба, эмне кылгың бар?

- Жап оозуңду, жолуңа түш! - деп эшиктен чыгарып түртүп ийди, Сагынай ызаланып ыйлап коридордо туруп анан эшикке чыгып кетти, ал дароо эле такси айдатып кайнатасынын үйүнө жөнөдү, ал келгенде кеч болуп баары жатып алышкан эле, эшик такылдаганынан ачкан Бурма чоочуп кетти:

- Сагынайсыңбы?

- Ооба, - деп эчтеке айтпай балдары жаткан бөлмөгө кирип тургузуп кийинте баштады.

- Апа, каякка барабыз? - деди уйкусураган Баел.

- Кетебиз.

- Каякка барабыз апа? - Нурел дагы уйкусурай сурай берди.

- Балам, жети түндө балдарды каякка алып барасың? ? - деди Бурма.

- Кетебиз, балаңар башка аял алып келсе унчукпайсыңар, мен жаман да балдарым жакшы бекен, ошол келиниңер төрөп берет! - деп жулкулдатып жөнөгөндө Баел:

- Апа, мен кетпейм, - деди колун бошото.

- Эмнеге кетпейсиң, эми атаңдын башка аялы бар, силер мени менен кетесиңер! - деп булкулдап болбой колунан алып сыртта күтүп турган таксиге салып жөнөй бергенде Сабыр келип калды, ал Сагынай чыгып кетээри менен Софияга:

- София, сен азыр кете бер, мен артыңдан барам, - деди.

- Эмнеге, чогуу кетпейбизби?

- Жок, мен азыр айылга барбасам Сагынай балдарды алып кетет.

- Аялым, балдарым дей турган болсоң эмнеге мени бул жакка алып келдиң, эми сени менен бирге барамын, ата-энең билет го?

- Жок, сен эрте самолетко бар, мен артыңдан барам, - деп бир боо акчаны анын жанына барып колуна берди да чыгып кетти. Бир аз кечигип калган эле, дароо кирип келгенде Бурма менен Жолдубай соксоюп отурушкан эле.

- Балам ай, деги эмне эле болуп жатасың, Сагынай балдарды алып кетти, - деп Бурма капалуу карады.

- Бербей койбойт белеңер.

- Болмок беле, ал энеси да уулум, анын акысы бар, сен туура эмес кылдың, - деп күңгүрөндү Жолдубай.

- Мен аны өлтүрөм! - деп жулунуп чыгып кетти, ошол учурда артынан София да келип калды, аны көрүп унчукпай калды да эртеси экөө учуп кетишти, Сагынай балдарын ата-энесине алып барып ыйлап-сыктап болгонун айтып анан кайра шаарга кетмек болуп:

- Баел, сен чоңоюп калбадыңбы, Нурелди өзүң жакшы кара, мен келип турам, - деди эки уулун алмак-салмак өөп жатып.

- Апа, чоң атамдыкында эле бололучу, - деп буруя карады Баел.

- Жок, эми аякка барбайсыңар.

- Эмнеге апа, атам келеби бизге? - Нурел жалдырай сурады апасынан.

- Ал эми келбейт, ал бизди алмаштырды, - деп жиндене чыгып кетип калды, ошол кезде ал балдарына атасын жаман көргөзүп жатканын сезбеди, жаш балдарынын сезиминде атасынын эмнеге алмаштырганы, апасы эмнеге ыйлап аларды сүйүктүү чоң ата, чоң энесинен ажыратып таятасынын үйүнө алып келгени түшүнүксүз бойдон калды, бирок көп өтпөй эле Баел чоң атасыныкына качып кетип калды, ошол жерден гана ал атасынын башка аял алып алганын түшүндү да: "Апамды капа кылганы үчүн сөзсүз аны өлтүрөм", - деп ойлонуп кайра таятасыныкына келди. Сагынай жумуш менен алаксып эрте чыгып, кеч келип иштеп жүрүп бутуна туруп үй алган соң балдарын алып келип алды.

Сабыр Москвага келгенден кийин Софиядан кутулуунун амалын кылып жумушун соода тармагын өзгөртмөк болуп жүрүп эптеп андан качып калды, ал анысын байкап:

- Сабыр, сен менден кача баштадың, - деди бир күнү кечинде.

- София, менин үй-бүлөөм бар экенин билесиң, сен экөөбүздүн жолубуз эки башка экенин билип туруп эле билгиң келбей жатпайбы.

- Эмне кылуум керек, башында аялым менен ажырашам дебедиң беле?

- Эки балам бар, анын үстүнө аялымды сүйөөрүмдү эми гана түшүндүм.

- Менин тагдырымчы, менин эртеңким сенин башыңды дагы оорутпайбы?

- Сен өзүңдүн жолуң менен бол, дагы бирөөгө жолугасың, мени тынч кой, бул акча менен ош баштап алсаң болот, - Сабыр ага акча берди да бөлмөдөн чыгып кетти, София ыйлаган бойдон кала берди, - Сабыр бизнесин жакын досу Акынбекке дайындап коюп өзү Бишкекке жөнөдү, адегенде эле кайнатасыныкына келди эле эки улу жетип кучактап калды:

- Атам келди!

- Ата, атам келди.

- Уулум, апаңар дагы биердеби?

- Апам Бишкекте.

- Качан кетти эле?

- Качан эле, - Баел атасынын көздөрүнө тигилди, - Ата, аялыңыз дагы келдиби?

- Мм, ким айтты аны? - деди Сабыр уулунан жүзүн ала качты.

- Чоң апамдар айтты, сиз башка аял алып алыптырсыз...

- Жок уулум, алар түшүнбөй калышкан го, каякта окуп жатасыңар?

- Шаарда, каникулга эле келгенбиз, үйүбүз бар.

- Жарайт, анда апаңа кеттик, - деп эки баласы менен турганда Сагынайдын апасы чыга калды.

- Баел, Нурел тур үйгө киргиле, -деди ал күйө баласын жаман көрө карап.

- Апа, жакшы жатасыздарбы?

- Кудайга ш-шүгүр, уялбай кантип келдиң?

- Апа, менде күнөө жок, Сагынай туура эмес түшүнүп алган.

- Мен эчтеке билбейм, бар азыр сыйың менен кетип кал.

- Кечириңиз апа, мен азыр балдарды алып Сагынайга барайын...

- Балдар эч жакка барбайт.

- Таене, атам менен кетеличи.

- Атам менен апама барабыз.

- Киргиле үйгө, эч жакка кетпейсиңер, - Маанай неберелерин ачуулу карады.

- Ыкы, атам менен кетебиз, - деди Баел.

- Апа, мени кечириңиз, жаңылыштыгыбызды оңдоп жакшы жашайбыз апа.

- Кереги жок, кызымдын жанына жолочу болбогун, - деп балдарды колунан жетелеп алып үйгө кирип бара жатканда Баел менен Нурел бошонуп Сабырды көздөй жүгүрдү, Сабыр аларды ээрчитип дарбазадан чыгып кетти. Маанай унчуга албай кала берди.

- Ата, апама барабызбы? - деди Баел, - Апам сизди таптакыр келбейт деген да, эми көрсө таңгалат го? - Мулуңдай карады.

- Ооба да, апам дагы сүйүнөт да, - деп коштоду Нурел, - Чоң атамдарга барабызбы?

- Сөзсүз да балам, азыр чогуу чоң атаңдарга барабыз дагы анан эртең шаарга кетебиз, апаңа барып баарыбыз чогуу жашайбыз.

- Ур-ре! - Нурел секирип алды, - Даймыа чогуу болобуз.

- Апам менен соодага чогуу барасызбы?

- Ооба, апаңды эс алдырып курортко жөнөтүп биз иштейбиз.

- Ананчы, биз жардам беребиз да.

- Биз эркекпиз да, - деп таксиге отуруп атасына барышты, неберелерин көрүп карылар кубана тозуп алышты, бапырашып коюн союп ал күнү аерде болушту, Жолдубай Сабырды жалгыздатып:

- Эми Сагынай сени киргизеби? - деди.

- Ата, жаңылышкан менчелик болбоптурбу, Сагынай кечирет.

- Ошондой эле ишеничиң күчтүүбү балам, аялдардын сырын билбейсиң, өзү жалгыз иштеп үй алды, балдарын окутуп чокутуп жатат, сенден көңүлү калды.

- Кабатыр болбо ата, буйруса анын көңүлүн табам, - деп Сабыр камаарабай атасын жайгарды, эртеси эртелеп шаарга жөнөшүп соода жасаган ордуна барышты, Сагынайга адегенде эле эки баласы көрүндү, уулдарын өөп, анан эки жагын карап элеңдеди:

- Жалгыз келдиңерби?

- Жо-ок, - деп Баел мулуңдай Нурелди карады.

- Апа, сизге бир нерсе айтайынбы? - деди Нурел.

- Айта гой, - уулун жылмая карады, - Эмнени айтмаксың уулум?

- Атамды кечиресизби? - деди Баел аны күтүп турбай эле.

- Ооба, атамды кечиресизби апа?

- Кечирбесеңиз биз атам менен кетебиз.

- Сиз кечирем десеңиз биз согуу болот элек да, - деди Нурел кабак чытый.

- Эмне деп жатасыңар, атаң кайда жатат, ал алыста эмеспи.

- Жо-ок апа, сиз кечирем десеңиз атамды алып келебиз, - деди Баел, экөө эки жагынан чыгып Сагынайды таңыркатты, эки жакты карап: "Буларды атайын үйрөтүп Сабыр алып келген окшойт, ал биротоло келди бекен, же эптеп мени балдарга көндүрүп коюп кайра оюн баштаганы жатабы, аны татар кызы оңой менен кое бербей калсын, эки жактан экөөбүз менен жашагысы бар го", - деп ойлонуп калганда.

- Апа, айтпайсызбы атамды кечиресизби?

- Эмнеге ойлонуп калдыңы апа? - деп эки баласы эки жагынан чыгып оюн бузуп жиберди, - Болбойсузбу апа.

- Кое тургулачы, мен ойлонушум керек.

- Атамды чакырайынбы? - деп эдиреңдей карады Нурел.

- Эмне, ал биердеби?

- Ооба да, атам биз менен келген, - деди Баел, ошол убакта Сабыр ары жактан чыгып аларды көздөй келе жатты, эмне дээрин билбей өзүн карап калган балдарын бир карап, күйөөсүн бир карап туруп калды.

- Сакиш кандайсың? - деп жылмая Сабыр келип маңдайына туруп калды.

- Жакшы, эмнеге келдиң?

- Кечир мени Сакиш.

- Балдарды бетиңе кармаба.

- Кечирип койчу эми Сакиш, балдар үчүн кечир бир эле жолу, экинчи андай болбойт, - Сабыр башын жерге салып турду.

- Апа, атамды кечирбесеңиз биз атам менен кетебиз, - деди Баел.

- Ооба апа, атамды кечирсеңиз чогуу болмокпуз, - деп Нурел атасынын колунан кармап, - Биз кетебиз анда.

- Баел, Нурел акырынчы, эл угат, барып ойноп тургула макулбу? Сагынай эки баласын ары жөнөттү.

- Сагынай, Сакиш мени түшүнчү, ооба менден күнөө кетти, жаңылып жаздым, кыянат кылдым, бирок өз катамды түшүнүп кечирим сурап жатам го?

- Кечирим сураганыңдын кереги жок, сен өз жолуңду тандап алдың, эми балдарды азгырбай жөн жүр, менин сенден көңүлүм эчак эле калган.

- Карайдым дечи?

- Ооба, менин жашоомдо сага орун жок!

- Жарайт, бирок мен балдарды өзүм багамын, эртең сотко берип балдардын тагдырын чечебиз, - деди да Сабыр артына бурулуп жөнөгөндө Сагынайдын чыдамы кете түштү, ал балдарын талашса дагы ала алмак эмес, Сабыр кандай кылса дагы алып коймок, анткени азыр акыйкат мыйзам эмес акча ролду ойноп жаткан кезде ал кылаары белгилүү эле.

- Сабыр, токтой тур Сабыр!

- Айта бер, эмне сөзүң бар?

- Балдарды менден талашпа, энеси менен болгону оң го?

- Ал сенин оюң, мен дагы атасымын.

- Ошентсе дагы менден бөлбө Сабыр.

- Бүттүңбү?

- Ооба, - деп томсоро туруп калды, Баел менен Нурел аларды ары жактан акмалап турган, Баел Сабырга жетип колунан алды, Нурел Сагынайды жулкулдатып ыйлап жатты:

- Апа, атамды кечирбей койдуңузбу?

- Болду, мен товарды жыйнайын, үйгө барганда сүйлөшөбүз, бул жерде элдер бар уктуңбу?

- Макул, - деп шыпылдай товарын жыйнашып кирди, ага Баел дагы келип кармашып жатты, кийин Сабыр дагы келип чоң мүшөктөрдү тачкага салып камерага жеткизишип анан үйүнө келишти, Сагынай кандай чечимге келээрин билбеди, үн катпай өз ишин жасап балдарына атамак жасап жатты, Сабыр болсо балдарын ээрчитип алып дүкөнгө барып азык-түлүктү толтуруп, оюнчуктарды алып берип кайра келгенче тамагы бышып калган, үнсүз отурушуп тамактанышты, бала деген бала эмеспи унчукпай отурган ата-энесин табышып калды деген ойдо телевизор көргөнү кирип кетишти.

- Кана, эми сүйлө, - деди Сагынай, - Кандай оюн ойгонгону жатасың?

- Түшүнбөдүм, дагы эле ишенбедиңби Сакиш?

- Кантип ишенем, көз көрүнөө никени буздуң го?

- Ал үчүн кечирим сурайм, жаңылдым-жаздым Сакиш, экинчи кайталанбайт.

- Кантип ишендиресиң?

- Сөз берем.

- Сөзүңө тура албасаңчы?

- Анда кайрылып жүзүмдү көрсөтпөйм.

- Болуптур, балдар үчүн ишенейин, бирок бир шарт менен.

- Кандай шарт?

- Россияга кетпейсиң.

- Жарайт, өзүм деле кетпеймин, Акынбекке дайындап келгенмин, биротоло ага сүйлөшүп коем да бияктан керектүүнү жөнөтүп, акчасын почта аркылуу алып турабыз, - деп Сабыр Сагынайдын жанына келип колунан кармады, - Ишенчи алтыным, баарын башынан баштайбыз, балдарды экөөлөп тарбиялап окутуп адам кылабыз, ишен мага.

- Көрөбүз, башталышы бул болду, адатың кармабайт деп ким ишенет.

- Койчу эми, баарын башынан баштайбыз деп жатам го, эми эч кандай сени башкага алмаштырбайм, - деп кучактап өөп экөө көпкө отурушту, ошентип аял жумшактыгы менен эне мээрими, балдарынын эртеңкиси ойлондурган Сагынай күйөөсүн кечирди, мамыр-жумур болуп жашап калышты, Сабыр жанындагы беш миң долларына дүкөн сатып алышты да чоң соодага киришип кетти. Сагынай ошол жылы кыз төрөп алды, жылдар өтүп андан кийин дагы эки балалуу болуп Сагынай үйдөн чыга албай Сабыр өзү соодада болуп калды. Баел чоңоюп алтынчы класста окуп калган, ага дүкөндү таштап коюп күндүзү кетип калып кечкисин келип калчу болду. Бир жолу Сагынай келсе Баел өзү эле отурган, эки жагын карап анан уулунун жанына келди:

- Атаң кайда?

- Бир жакка кеткен.

- Качан кетти эле?

- Азыр эле, - деп көзүн ала качты.

- Мейли, мен кеттим балам, - деп Сагынай кетип калды, Баел кабагын сала отуруп калганда кардар келип алар менен алаксып кетти, дүкөндү жабаарда Сабыр кирип келди эле:

- Кайда жүрөсүз, апам келип кетти, - деди үңүрөйө.

- Эмнеге келиптир?

- Билбейм, кайра эле кетти.

- Болуптур, өзүм түшүндүрөм, - деди да дүкөндү бекитип үйүнө жөнөштү. Алар келгенде чөжүрөгөн балдарынын кардын тойгузуп отурган Сагынай аларга тамагын берди да баары ички бөлмөгө киргенде:

- Эмне иш кылып жүрөсүң, билсем болобу? - деди Сагынай.

- Мен сага айтайын дегенмин, - Сабыр ага ишенимдүү карады, - Дүкөндү карап отура бербей бир иш баштасамбы дегенмин, Москвага барып фирманы башкага сатып жиберип бул жактан ачсам кандай болот Сакиш?

- Москвага барбайсың?

- Эмнеге?

- Жашасаң жөн жаша, мен эми беш бала менен сенин артыңда жүрө албайм, кайрылып келсең киргизбейм! - деди Сагынай жини келе.

- Жаман ойлобочу Сакиш, эч жакка кетпейм.

- Көрөбүз, сенин адатың кармаганын көрүп турам.

- Ачууланбачы эми, мен дагы балдардын келечеги үчүн иш баштасамбы деп жүрөм да, Баел менен Нурел чоңойду, Аудини Баел айдап көнүп калды, андан көрө мен жаңы машина алсамбы деп жатам.

- Өзүң бил, эгерде дагы бир кыйшык басканың билинсе унчукпай кете бер, - деп Сагынай балдары отурган бөлмөгө кирип кетти. Сабыр ошондон эки апта өткөндөн кийин машина алып өзүнүн иши менен жүрүп калды, ошол кезде анын жанында Асел деген сүйгөнү бар эле, ал ар дайым анын пайдасын көрүү үчүн үйүнө чакырып жүрүп боюна болуп калды.

- Саке, менин сага айтаарым бар, - деди бир күнү Асел чак түштө койнунда жатып.

- Айта бер алтышка, кандай сөз экен?

- Балким кабыл албайсыңбы деп корком.

- Көрөбүз да, адегенде айтчы.

- Менин боюмда бар.

- Эмне?! - Сабыр ыргып тура калды.

- Ушунчалык чоочуйсуңбу?

- Анан эмне кылышым керек эле, мен сага өзүмдүн беш балам бар экенин айтканмын, - деди Сабыр ойлуу чылым түтөтүп жатып.

- Ал сенин балаң, а бул экөөбүздүкү болот, - Эркелей кучактады.

- Жок-жок Асел, алдырып сал, мен андай кыла албаймын.

- Эмнеге, мен дагы энемин, балалуу болгум келет, сен мени андай укуктан ажырата албайсың Сабыр, керек болсо эми кетип көр. соттотом сени.

- Эмне-эмне, сен мени соттотосуңбу?

- Албетте, далилдерим бар, - Асел кытмыр жылмая чалкасынын жатып алды.

- Башымды оорутпа, мына бул акчаны алгын да төрөйсүңбү төрөбөйсүңбү менин ишим жок! - деп тутамдай акчаны төшөк үстүнө таштады да кийинип чыгып кетти. Сабыр аны менен токтоп калбай сойкуларга дагы барып жүрүп аерден Клара деген жаш кызды чындап жактырып калып аны батир жалдап киргизип коюп күндө аны менен болуп калды, бир жолу Сагынай анын артынан аңдып жүрүп батирге киргенде артына кайтып жашынып туруп Сабыр чыгып кеткенден кийин батирдин эшигин какты?

- Ким? - деп Клара чыга калды, - Сизге ким керек?

- Сабыр керек, ал менин күйөөм, биздин беш балабыз бар, аны кое бер.

- Эжеке жаңыласыз, - деди Клара бөйрөгүн таяна, - Тескерисинче аны мен эмес ал мени кармап жүрөт, күйөөңүздү өзүңүз бекем кармап алыңыз!

- Оозуңду жаап кал дагы азыр жүгүңдү алып үйдөн чык!

- Эмнеге чыгам, бул үчүн төлөп койгонмун.

- Сенби? - Кекете карады Сагынай, анан аны түртүп кирди дагы ичиндеги жаңы алынган төшөк матрацтарды көтөрүп чыгып өрттөп туруп үй ээсинин эшигин какты, ал чыгып аны караганда, - Бул бөлмөңүздүн акысын мен төлөгөнмүн, эми бул кызды киргизбеңиз, - деди да кулпу алып кулпулап кетип калды, Сабыр эч нерседен кабарсыз кечке маал үйүнө келип бир шылтоо таап кетмек болгон, Сагынай босогодон эле аны тозду да:

- Үйгө кирчү болбо Сабыр, ушул алдардын кусуру урсун! - деди ызалуу.

- Эмне болуп кетти, жинди болдуңбу?

- Ооба, сенин көрүнгөн катындарыңдын айынан жинди болгону калдым.

- Эмне?

- Бар, азыр ал сени күтүп отурду бекен.

- Эмне деп эле жатасың? - Сабыр бет карамалык кыла актанып кирмек болду эле эшикти жаап алды:

- Жогол, азыр барып сойкуңдан ук!

- Ач дейм Сагынай, - деп көпкө туруп анан башын шылкыйта баягы батирге келсе бек экен, үй ээсине жолугуп болгон окуяны угуп кайра үйүнө келди дагы времянкага кирип жатып алды, ал уктай албай жатып: "Ушундан биротоло кетемин, шашпа беш баланы багып көр, дүкөндүн акчасын бүт алып кете беремин, мындай чыксам кыздарды чекесинен таап аламын", - деп аялына кекенип ай көрүп калды.

- Сен биерде эмне кылып жүрөсүң? - деди акшыя карап.

- Болдучу Сакиш, унут да баарын, кечке эле кайталай бересиңби, - деп ары көздөй басып кетти, Сагынай дагы унчукпай калды, Сабыр дүкөнгө барып кечке соода кылды, Баел мектепке киргенден бери барбай калган, бир жума соода кылып болгон сооданы чогултту дагы каткан акчаны үйүнөн түндөп алып, кийим-кечесин чогултуп машинасына салып таң эрте кетип калды, эч үндөгөн дагы жок, Сагынай аны кечинде келет деп күтсө келбеди, эртеси дүкөнгө барса бек, өзүндөгү ачкычы менен ачып көзү соода товары калбаганын көрүп: "Товарга кеткен экен", - деп ойлонуп кечке чейин отурса дагы келбегенинен үйүнө келди. Ошентип ал кызына баласын каратып соода кылып улам товарын толуктап жатып көбөйтө баштады, түшкө чейин өзү отурат, түштөн кийин Баел отурат. Күздүн тоюмдуу убагы келип балдарына салаттарды жасатып алып катып койду, Сабырдын биротоло кеткенин билди: "Мейли кетсе кетсин, аны кармап байлап алгыдай мал эмес, балдарды ойлобосо кудайдан көрсүн", - деп шымалана киришти.

Сабыр өзүнүн ою менен чыгып кабат үйдөн бир бөлмө үй алды да өзүнө аял издеп жүрдү, Клараны таппай калды, ал иштеген жакка барып сураштырса ал көрүнбөй качып туруп алды. Ошентип бир күнү жолдо келе жатса алдынан баласын көтөрүп Асел жолугуп калды:

- Кандай Асел? - деди көңүлсүз колундагы балага жал-жал карай.

- Жаман эмес, мен азыр чексиз бактылуумун, - Асел кызын өөп койду.

- Кызбы? - деди Сабыр.

- Ооба, аты Саяна.

- Жакшы экен, колума алсам болобу?

- Сен мунун жарыкка келишин каалаган эмессиң да.

- Ооба, аның чын Асел, ал үчүн кечир мени, кызымды колума алууга уруксат бер, - деп эки колун сунду эле наристе жарк эте күлүп талпына ага бой таштады, - Оо мени кызым таанып калды, - деп Сабыр колуна көтөрүп өөп Асел менен бирге басты, - Кайда барабыз, чай-пай ичелиби?

- Өзүң бил, бала болсо дагы билип жатат окшойт, сага өзү эле барды, - деп Асел күлө карады, - Кел кызым кел мага, - деп колун созду эле наристе ага барбай Сабырдын көкүрөгүнө башын катты.

- Көрдүңбү, кызым билип жатат.

- Тобо-о, чоочундан ыйлап качып турчу эле.

- Жүрөк сезет деген чын да, - Экөө катарлаша кафеге кирип орун алышты.

- Өзүң эмне кылып жүрдүң эле?

- Мм, - Сабыр эмне деп айтаарын билбей башын кашылап саамга отурду да, - Сага барсамбы деп турганмын, - деди.

- Эмнеге бармаксың?

- Сүйлөшмөк болгонмун.

- Эмнени?

- Тамактан ал, анан жай сүйлөшөбүз.

- Сабыр, азыр мени менен сиңдим жашап жатат.

- Мейли, мен Саянанын атасымын го?

- Айткандан уялам...

- Эмнеге уялмак элең?

- Анткени-и...

- Айтчы эми, эмнеге уяласың?

- Саянаны атасы үйлөнөөрдө өлүп калды деп койгонмун да.

- Эмне?! - Сабыр аны алая карады.

- Анан эмне кылмак элем, атамдар мени өлгөн кыздын бири деп үйгө барганыма тыюу салышкан, сиңдимди дагы каттатпай койгон, - деди Асел ыйламсырай.

- Өкүнүчтүү, - Сабыр алакан жая күлгөн болду, - Мен сага биротоло келбедим беле, - деди аргасыз калп айта, Аселге келчү жолду эки жылдан бери унутканын ачык айтпай.

- Чын элеби? - Асел күлүмсүрөй карады.

- Ооба, эмнеге калп айтмак элем.

- Ажыраштыңбы?

- Жок, аялым үйдөн кууп чыкты, ажырашпай жатат.

- Болуптур анда. Акыры ажырашасың да туурабы?

- Албетте, - деп жер карай күңкүлдөдү.

- Кеттик анда, сиңдиме ачык эле айтам.

- Жарайт, бирок Асел менин эле үйүмө барбайлыбы.

- Эмнеге? - Асел чоочуй карады.

- Менин өз үйүм бар, сиңдиң ал үйдө жашай берсин, бүгүнчө биздикинде бололу, сүйлөшөлү жакшылап, кааласа сиңдиңди алып келип алабыз.

- Мен ага айтып коюум керек, болбосо кабатыр болот.

- Мейли, азыр үйгө барып телефон чалып коебуз.

- Болуптур анда, - Асел ордунан турду, экөө үйгө келген соң Аселдин үйүнө телефон чалып айтып коюп ал күнү аерде болушту, тогуз айлык Саяна Сабырга талпына колун сунуп жаркылдап күлүп жатты, ал ушул жашка келип беш балалуу болгону менен бир дагы минтип балдарынын кичинекейинде мээримин чачканын сезбептир, жумуштан кеч келип эрте кетип уктап жатканда келип кетип жүрүп чоңоюп алдынан жүгүрүп чыгып аталаганда гана өөп коюп кайра кетип баланын сүйүүсүн билбегенин азыр гана сезди.

- Кызым, кана-кана күлүп койчу атаңа, - деп болбой эле эзилип калды.

- Кызың кимге окшош экен Сабыр? - деп жылмая карады Асел.

- Албетте өзүмө да, - деп ууртунан өөп-өөп алды.

- Мага бир жери да окшобойбу?

- Жок, каери сага окшош, колдорунан бери өзүмө окшошуптур.

- Ма-акул эми, - деп Асел бактылуу болуп турду, ал Сабыр кеткенде аны сотко бермек болуп бирок элден, ата-энесинен тартынып тим болгон болчу. Эми минтип кайрылып келгенине кубанып отурду, анын биротоло келдим дегенине ичинен аябай сүйүнүп жаткан. Ошентип Сабыр Асел менен жашап калды, көнгөн адаты боюнча соодага киришип бекерчиликти сүйбөгөн неме бат эле иш баштап Россияга чалып Акынбек менен сүйлөшүп алды да барып келмек болуп Аселге кеңешти, ал эмне демек макул болду, Сабыр аякка барып өз фирмасынын өнүгүп баштаганын көрүп анан андан акча алып ай сайын пайызы менен жөнөтүп турганга сумма чектеп анан бир айда кайра келди.

- Барып келдиңби? - деди Асел аны кучагына кыса.

- Ооба, буйруса иш жакшы, - деп алып келген акчанын жарымын берди да эртеси эле үйүнө барып Сагынай жокто Нурелге жолугуп акча таштап кетти, ошол күнү Бурма келип калды, аны менен эки карындашы Айкан менен Гүлкан кошо келишиптир, Нурел барып Сагынайды чакырып келе жатып:

- Апа, атам келип кетти, - деди акырын.

- Өлбөптүрбү? - деди ачуусу менен.

- Коюңузчу, өлтүрүп эмне кыласыз?

- Ушундан көрө өлгөнү жакшы болчу, - Үйүнө келип кайненесине учурашты, Бурма неберелеринен Сабырдын кетип калганын угуп алган эле.

- Кандай балам, эми ишиңер жакшы элеби?

- Жакшы эле апа, атам күүлүү жүрөбү?

- Шүгүр айланайын.

- Сабыр болсо кеткен, балдарды бала ордуна көрбөдү, каалаганда кете берет, эми келсе жолотпойм апа, мага капа болбогула, дүкөндөгү сооданын акчасы менен үйдөгү чогулткан акчаны алып машинаны минип кетти, көрөйүн деген көзүм жок.

- Эми эмне кылайын балам, өзү ойлонбосо биздин колубуздан эмне келет, балдарыңды карап тынч оокатыңды кыла бер айланайын, өзү деле келе албайт го эми, - деп эне кейип калды.

- Акемдин үйдөн кетип калганы жөн эместир, урушкан эмес белеңиз? - деп Айкан сурады.

- Мен анын сүйүктүүсүн батиринен чыгартып койгонмун, ошого өчөшүп биротоло кетип калды, урушканым жок. - деп Сагынай ызалуу кайынсиңдисин карады, - Кайсы эркек беш баласынан эле бир катынды ашык көрүп үйдөн кетет, ал өзү ошондой аягы суюк неме, тынч жашоону билбейт.

- Мейли балам, эси жок болсо ошо да, мына минтип балдарың бойго жетип калды, өзүнө жаман келе албай калат, биз болсо карыдык, алыбыз кайдан жетсин, аман жүрсө болду, - деп Бурма үшкүрүп ийди.

- Кайда экенин билбейсиз да, - Гүлкан суроо узатты.

- Анын кайда жашаганын мен кайдан билем?

- Каран калгырдыкы ай, баланы төрөп багат экенсиң, кыял жоругун кошо төрөбөйсүң да, балдарымдын тыңы, иштерман деп жакшы көрчү элек мындай болоорун кайдан билдим, - деп кайненеси кейигенде Сагынай унчукпай калды: "Ырас эле, менин балдарымдын кандай болоорун кайдан билем, азыр баары жакшы көрүнөт, кандай адам болоорун ким билет", - деп ойлонуп жатып калды. Эртеси эле Бурмалар кайра кетмек болуп эң кичүүсү Кемелди алып кетейин деген ойдо:

- Сагынай, Кемелди бизге бер балам, балдар окууга кетсе сен соодаңа барасың балам, алып келип турабыз, - деди.

- Жок апа, чогуу эле өсө берсин.

- Жеңе, акыры сиздики го, айылда чоңое берсин, - деди Айкан.

- Ооба, азырынча Кемел жаш, сиз кыйналасыз, чоң атасына эрмек деле болот, кошуп бериңиз, - деп кошумчалады Гүлкан, айтса-айтпаса төгүнбү, Сагынай ойлонуп туруп туура көрдү да кийим кечесин даярдап кошуп берди.

- Чоң апа, мен деле барайынчы, - деп Кемелден улуусу Тариел апасын этектеди.

- Окуп жатпайсыңбы, окууң эмне болот?

- Мейли, аяктан окуй берет, - деди Бурма, эки баласын берип жиберип Сагынай жеңилдей түштү, Баел менен Нурел эртең менен окууга кетишет, Саида түштөн кийин окуйт, өзү дүкөндү эрте ачып тынымы жок иштеп баштады, Сабыр берип кеткен акчаны катып коюп үстүнө кошуп жатты, негизи Сагынай соодада жолдуу, кандай болбосун иши жүрүп кетет. Өзүнчө отуруп Сабырга жини келип: "Ылайым шал болуп эчтекеге жарабай калсаң экен, беш баланын кусуру урсун, эки көзүң жалдырап кор болгонуңду көрсөм ошондо табам канат эле, аял чанганды ошондо кандай болоорун билесиң, кудайым бар болсо сени жазалаар, - деп жинденип алат. Ага көптөн бери дүкөнгө бирөө келип тийишип, тамашалашып калчу болду, өз салабаттуу эле адам, аты Курман, таанышып дагы алышкан, анан дагы Сагынайдын Россияда бирге соода кылып жүрүп таанышкан курбусу Нурийла жолугуп калбаспы.

- Ай Сагынай, сен ушул жердесиңби, - деп аны көрүп эле шакылдап келип кучактап калды, экөө өбүшө учурашты.

- Өзүң кайдан жүрөсүң? - деди Сагынай.

- Мен ооруп калып баса бергенмин, андан кийин күйөөгө чыктым.

- Куттуктайм, жакшы болуптур.

- Күйөөң кайда, эмне иш кылып жатат?

- Жүрөт...

- Канча жыл өттү, канча балалуу болдуң?

- Беш балам бар, өзүңчү досум?

- Жакшы, мен бир балалуу болдум, андан кийин төрөгөнгө болбой калды.

- Эмнеге?

- Жүрөгүм ооруйт.

- Жаман болуптур, эми жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы, врачтын көзөмөлүндөмүн.

- Кой, кана бул жакка өт, бир нерсе ичели, - деп Сагынай чакан үстөлгө майда баратын коюп анан жанына отургузду, - Канча жылдан бери жолугуша элекпиз, бүгүнкү күн мен үчүн абдан жакшы болду, - Сагынай импорт арактан бирди алып келип колбасаны туурап чай койду, ошол убакта Курман келип аларга салам айтып калды:

- Саламатсыңарбы кыздар?

- Келиңиз, - Сагынай сырдуу жылмайып койду, - Келиңиз бул жакка, он-он беш жылдан бери жолугушпай калган курбум келип калыптыр, ошону белгилеп жаттык эле.

- Сагынай, - деди Нурийла шыбырай, - Мунуң ким?

- Жарайт.

- Ортоңор толсун кыздар, - Курман алардын жанына өтүп орун алды, Сагынай улам соода кыла коюп кардарына алаксый калып кайра алар менен шаракташып отурганда Баел келип калды, Сагынай ага түшүндүрүп берип анан:

- Соодаңды жасай бер уулум, мен эжеңдерди коноктой берейин.

- Макул, - деген Баел улам аларды карап коюп соодасын кыла берди, эки-үч саат өткөндөн кийин.

- Мен кетейин курбум, күйөөм кайда жүрдүң ушул убакка чейин десе өлдүм, - деп күлүп ордунан турду.

- Күйөөңдөн коркпо, мени айтып кой, уруша турган болсо өзүм көрсөтөм ага, - Сагынай шакылдап күлө кошо турду, - Дарегиңди таштап кет, бир күнү өзүм барайын.

- Ага айтам дагы сени конокко чакырам, ал баарын түшүнөт.

- Кой мен дагы кетейин, - курман дагы алар менен бирге сыртка чыгып коштошо жөнөдү, Нурийла Сагынай менен коштошкондон кийин өзүнүн унаасына отурду да үйүнө кетти, Баел апасы киргенден кийин ага карап:

- Апа, мен атамдын кайда экенин издеп табайын, ушинтип качып жүрө бермек беле, ал дагы карыйт, аны ошондо ким карамак эле, - деди үңкүйө.

- Издеп эмне кыласың, ал өз жолун тандап алды, силерди эмес башка бир аялда тандады, - Сагынай уулуна ачуулу карады, - Атаң керек болсо бара бер, менин эмгегим сен үчүн эчтекеге бааланбаса өзүң бил, - деп жинденгенин көрүп унчукпай бир азга турду да анан:

- Апа, мен атамды кайрып келүүм керек, эгерде болбосо сиз айткандай эле бизден ошол аялды артык көрсө өз колум менен өлтүрөм, - дегенде Сагынай коркуп кетти.

- Баел, эсиң менен бол, сен атаңды өлтүрөм дегениң эмнең, өзүңдүн эмнени ойлоп турганыңды билесиңби, кылмышкер болгуң келип жатабы ыя, өмүр бою менин көз жашымды төгүп азапка салгың барбы, сен түбөлүк зек деген жаман атты жамынганы турасыңбы, тагдырыңды караңгы торго салып үмүт тилектериңди өзүң талкаламаксыңбы? - деди жанына келип.

- Анан эмнеге кетип калат.

- Аны жайына кой, кудай жазаласын балам, ал силердин кусуруңарга калды, ал өзүнө өзү кылды уулум, ага жамандык кылам деп ойлобо, - деп уулун кучагына кысып башынан сылап чекесинен өөп көпкө турду, - Жүрү садага дүкөндү жаап кетели.

- Макул апа, - Баел апасынын айткандарын түшүнүп дүкөндү жаап үйүнө жөнөштү эне-бала...

Сабыр иши менен алек болуп жанталашып жүрүп фирма ачып алды, Асел кызы менен үйүндө, сиңдиси алар менен бирге жашай баштаган, кийген кийими адеми, жаңы модадан, ичкен ашы чүйгүн болуп бактылуу болуп жүргөнү менен али закска туруша элек, кызынын күбөлүгүн дагы ала элек, ошого кыжаалат болгон Асел, эрте келип кеч кеткен Сабырдын кулагынын кужурун алчу болду, ал дагы деле адатын карматып өңдүү-түстүү жаш кыздарды көргөндө эле жанын сабап мейманканаларга түнөмөйү кала элек. асел анысын билбей жумушу ошондой деген ойдо кеч келсе дагы тамагын даярдап, кийимин таза жууп турат, анын дагы боюна болуп калганы өзүнө белгилүү болгондо бир күнү таң эрте ойгонгон Сабырга минтти:

- Сабыр, качан аялың менен ажырашасың, менин дагы боюмда бар экен, - деди.

- Шашылба, аялым акыры өзү ажырашканга арыз берет, оңой болот.

- Ал арыз берет деп күтүп ойноштой жашап жүрө беребизби?

- Жарандык никедебиз го акыры, молдого нике кыйдырдык, сенин жаныңда болом, тапканым бүт сеники, дагы эмне керек? - Ачуусу келе карады.

- Шашпа ал дагы болот, азырынча мен сеники болом, - Эркелете кучактап өөп коюп ордунан турду, - Бирдемең болсо даярда мен кетейин.

- Мейли, дагы төрөсөм атасы жок төрөгөн болом да ээ?

- Эмне деп эле жатасың, башымды оорутуп жибердиң, ушундан көрө катынсыз эле жашаганым туура экен, кулак-мээм тынч жашамакмын, - деп эчтеке ичпей үйдөн чыгып кетип калды, Асел ыйлап кала берди: "Бул аялы менен ажырашкысы келбейт окшойт, мени менен ачуусу тараганча эле убакыт өткөрүп жүргөн экен да, балдарыма атын бербесе булар атасыз туулган болуп калабы, неге ага ишендим", - деп ойлонуп алып кайра дал ушул оор шартта баарынан камсыз болуп отурганын ойлоп унчукпай отуруп калды. Чынында мурунку үйдү ижарага алган, айына төрт миң сомдон төлөп жашашчу, эми баары ойдогудай, базарга чыгып ысык-сукта отурбайт, кааласа уктайт, каалабаса кызын көтөрүп алып паркка барып сейилдеп келет, тамак-аш алам деп убараланбайт, чоң кызматчы болбосо дагы Сабыр баарын даярдап берет, анан эмне демек...

Курман бир күнү келип Сагынайды кафеге барууну сунуштады, үй-бүлөөсү деле бар, бирок эркек эмеспи, көзүнө түшкөн өңдүү-түстүү келин-кыздар менен көңүл ачуудан кала элек, тамашакөй ачык айрым киши.

- Сагынай, менин сунушумду четке какпассың? - деди ал келип бир аз сүйлөшүп тургандан кийин.

- Кандай сунуш? - Сагынай жылмая жооп күтүп калды.

- Бүгүн бир жерге алып барып сыйлап коеюн дедим эле.

- Болбойт го, үйдө балдарым жалгыз, колум бошобойт.

- Каршылык кылба Сагынай, сага көөнүм түштү, ким көрүнгөнгө эле айта бербеймин, ойлонуп көр...

- Макул, ойлонуп көрөйүн, - деп Сагынай жылмайып койду, оюнда: "Эмнеси бар экен, өзүмдүн аял экенимди унутуп коюп басып жүрөм, ансыз да колумда жок эмес, Сабырдын басынтып таштап кеткени азбы, ойносо ойноп күлө турган чагым", - деген сезим аны макул болууга аргасыз кылды. Ошол күнү Курман ага алтын чынжыр белек кылды, экөө кафеде бир топко чейин отуруп кечинде өз машинасы менен жеткирип койду. Сагынай Курмандын адамгерчиликтүүлүгүн, өзүнө жасаган мамилесин, сыйын ойлоп аны жактырып калды, балдарынын кийим-кечесин түндөп жууп, эртелеп дүкөнүн ачып соодасын кылуудан тажап машина алмак болду оюнда, ал Москвада жүргөндө машина айдаганды үйрөнгөн эле, ойлонуп отуруп үшкүрүп ийди: "Ал кезде Сабыр таптакыр башкача эмес беле, жалгыз өзүңдөн башканы карабайм деген сөздөрүчү, курулай гана убада берип жүргөн экен, аман болсом сенден өч аламын", - деп жаңы таанышкандагы машина айдаганды үйрөтүп өзү жанында жүргөнүн эстеп уулуна кеңешмек болду. Баел Ауди-100 айдап жүргөн.

- Баел, мен машина алып алсамбы дейм.

- Кандай машина? - Баел апасын суроолуу карады.

- Өзүм айдаганга, "Гольф-3", алайын деп жатам уулум, - деп күлө карады.

- Айдай аласызбы? - Баел да күлүп карап калды.

- Апам машина айдайбы ээ? - деп Нурел дагы кулак түрө калды.

- Айдайм балам. Москвада жүргөндө мен Ауидини айдап жүрчүмүн, правам болгону Россияныкы, ошону жаңыртышым керек, - деди Сагынай ойлуу.

- Ур-ре-е! - Саида алакан чаап ийди, - Эми апам мени мектепке өзү жеткирет.

- Ооба кызым, өзүм алып барып турам, Баел менен Нурел сабактан калбашы керек, дүкөнгө сатуучу алабыз, антпесем мен кыйналып кеттим.

- Ошентиңиз, мен быйыл экзамен берем. Окуудан калбашым керек, - Баел макулдугун бергендей ойлоно карады, алар андан кийин кандай машина, өңү кандай болушун ар кимиси талдап жатышты. Ошол алтынчы күнү эки баласы болуп базардан машина карап жүрүп күмүш түстүү "Гольф-3" алып документтерин бүтүргөнгө чейин үйүнө алып келип токтотуп койду, өзү ары-жүгүрүп, бери жүгүрүп жүрүп правасын алды, "пулуң болсо кулуңмун", - деген заманда бир жуманын ичинде баары бүтүп алтынчы күнү Сагынай машинасын айдап балдарын салып алып ата-энесиникине барды да, белек-бечкегин алып барып учурашып кайра эле кайнатасыныкына келди, эки уулу сагынган экен бапырап калышты, аларга ала келген кийимдери менен таттууларын берип чогуу отурушканда Жолдубай келининин көңүлү үчүн бир кой союп коноктоп машинасына кайненеси килем жапты, өзүнүн ата-энеси беш миң сомду көрүндүккө деп берген эле, аны кайненесине берди.

- Балдардын мектебине керек болот апа, - деди ал.- Тим кой кокуй, атаң экөөбүздүн пенсиябыз деле жетет, сен өз оокатыңды кыла берсеңчи ботом.

- Жок апа, мугалимдер азыр жегич болуп калган, кыйратып берген билими жок эле ар кандай шылтоону таап акча сурата беришет.

- Ошондо деле өзүбүз эле бермекпиз.

- Ошондой болчу беле апа, сиздердин пенсияңыздар өзүңүздөргө керек, эмесе биз кетели, эртең балдар окууга барышат, - деп Сагынай айтканда койдун жарты этин, сүзмө-май салып берип узатып калышты. Ушул ирээт Бурма келинине ичи тарлык кылып турду: "Балам эмне кылып жүрөт болду экен, келбей дагы койду, бул болсо минтип чалкалап машина минип калды, балдарын эчтекеден кемитпей багып жатат, кантейин катын жандуу жеңил аяк эркек да жаман тура", - деп ойлонуп калганда Жолдубай ага башын чайкап койду, ушул тапта ички оюн билип тургандай туюп тим болду Бурма. Сагынай бир баштан жашоосуна кам көрүп дүкөнгө сатуучу алды, мекен жайын жазып алып, эсеп боюнча текшерип, паспортун өзү алды да дайындады, бир жумада текшерип эсептеп тура турган болду. Андан соң үй кызматчы жалдап өзү жокто балдарга баш көз боло турган үй-бүлөөнү времянкага киргизип коюп эс ала түштү да Курманга жолукмак болуп турганда мектепте бирге окуп жүрүп өзүнө ашыктык катын жазып жүргөн Айтемирге жолугуп калды.

- Оой Сагынай кандайсың? - деди ал көрүп эле.

- Жакшы-жакшы өзүң кандай...

- Баары жакшы, өзүң жөнүндө айтчы, деги кайдасың, сени Россияда деп укканым бар эле, андан кийин биле албай калдым, - деп Айтемир жалпактап Сагынайдын колун кое бербей силкилдетип жатты.

- Мен азыр шаарда элемин.

- Турмушка чыктыңбы?

- Ооба, беш балам бар, өзүңчү?

- Мен үйлөнүп ажырашканмын.

- Ой эркектер ай, аялдарды тебетейге алмаштырасыңар го?

- Андай эмес, өзүнөн кетти, жолубуз башка экен.

- Айтемир, мен шашып турдум эле...

- Ушунча жылдан бери бүгүн жолуксак, жок дегенде чай ичели, - Айтемир анын ой-боюна койбой кафеге киргизмек болду, жол боюндагы Гольфду айдамак болуп ачкычын кармап Сагынай:

- Кел отур эми, сен каерге десең ошол жерге баралы, - дегенде Айтемир дагы кичирейип кетти, анын колунда жок, соодадан жолу болбой курулушта иштей коюп жүргөн эле.

- Оох-оой, сен жөө эмес экенсиң да, - деп жанына отурду, - Күйөөң табышкер го?

- Ошондой.

- Кайда иштейт?

- Өкмөттүк кызматта.

- Кайсы тармагында?

- Ха-ха, - Сагынай каткырганда Айтемир таңгала карап калды.

- Тамаша ал жөн гана ишкер болчу.

- Эмне болду эле?

- Мен үчүн жок.

- Кандай түшүнсө болот муну?

- Кыскасы ал мени таштап кеткен.

- Эмнеге?

- Ким билсин, менден жакшысына жолуккандыр...

- Кызык, беш балаңар болсо дагыбы?

- Ашыктык он балага дагы карабаса керек.

- Анда жаман адам экен, - Айтемир зымырай улам артта калып жаткан жолду карады, - Сендей аялдын кадырына жете албаса....

- Сен жетет белең? - деди Сагынай капысынан ага жүзүн бура унаасын жайлата.

- Жетмекмин, сен мени тоготпой койбодуңбу.

- Эркектердин баары бирдейсиңер, аялдарга жеткенче жаныңарды сабап, жалынып-жалбарып жүрөгүн сууруп бергенге даяр болгон эркектин кылганы ушул.

- Сагынай, мына бул кафеге токтобойсуңбу, - деп Айтемир алаксып жолдун аркы бетиндеги кафени көрсөтө кол жаңсады.

- Жарайт, - Сагынай жол жээгиндеги унаа токтоочу жайга токтотуп экөө ээрчише кафени көздөй кирип бара жатканын Сабыр көрүп калды да артынан кирип аларга байкатпай бурчка отуруп карап турду. Чынында аялынын мындай сулуулугун байкабаптыр, же эсинен чыгып башкаларга алаксып кеткенгеби азыр Сагынайды тигил чоочун адамдан кызганып турганын сезбеди: "Эн-неңди, дегеле мунун жасанып алганын кара, эркектерге жагынгысы келген экен, балдар үчүн берген акчага машина алган экен, шашпа сага көрсөтпөсөмбү", - деп ойлонуп отура берди.

- Сагынай, алсаң тамактан, - деп Айтемир улам ага соктон куюп сунуп отурду, баары көз алдында болуп жатканына ого бетер кыжыры келди.

- Алып жатам, мага карабай өзүң иче берсең.

- Сени сыйлайын деп жатпайынбы, мектепти бүткөндөн баштап көрүшпөдүк го, ар кимибиз ар тарапка тарап кеттик, сени болсо эжесине кошулуп дароо эле Россияга кетип калды дешти.

- Ошол кезде ошондой болду да, окууга барасың дешет атамдар, менин баргым келбей эжем менен кетип калдым, ошонум жакшы болуптур сооданын көзүн таанып калдым, - деп Сагынай чын дилинен айтып жатты, - Ысык-суукка чыдам, азап-тозогун көрүп бөтөн элдин шартында жашоо дагы өзүнчө эле искусство да, ар кандай эл келет, ар бири менен өз талаптарына жараша мамиле кылууга туура келет.

- Азамат, күйөөң менен каяктан тааныштың?

- Москвадан.

- Мен сени алигиче унуткан эмесмин Сагынай, - колунан кармап көздөрүнө тигилди, - Сени кандай сүйөөрүмдү билсең...

- Кандай сүйөсүң? - Сагынай күлүп калды.

- Жаным менен, жаш кездеги сага деген сүйүүм өчө элек, - деп экөө отурганда Сабыр аялын кызгана муштумдарын түйө ордунан тура калды да өз күнөөсүн сезе сыртка чыгып кетип калды.

- Койсоңчу Темир, - Сагынай колун акырын тартып алды, - Кайдагы сүйүүнү айтасың, менин сүйүүм балдарымда, жашоонун даңгыр жолунда мен жалгыз гана балдарым деп жашап калганмын, эркектен көңүлүм калган.

- Мейли Сагын, мен өз жүрөгүмдө болгонун айттым.

- Баары үчүн сага рахмат, эмесе кетели, - Жылмая карады.

- Макул анда кетсе кетели, бир аз отурсак болмок.

- Иштерим бар эле...

- Жарайт анда, - деп шалкы бош ордунан турду, алар ээрчише чыгып кайрадан аркы өйүзгө өтүп унаага отурду Сагынай, - Кайда барасың, жеткирип коеюн.

- Жо-ок, өзүм эле кетем, телефонуң болсо бер сүйлөшүп туралы.

- Макул, - Сагынай сумкасынан актай кагаз алып чыгып үй телефонун жазып берди, - Мен үйдө көп болбойм, кечкисин чалсаң болот.

- Жакшы бар анда.

-Сен дагы, - Сагынай унаасын жылдыра жолго түштү: "Эми Курманга жолукпай эле коеюн, балдарым билип калса эмне дейт, андан көрө өзүмдү-өзүм көтөрүп балдарыма бел болоюн, быйыл Баел он биринчи классты бүтөт, окууга киргизишим керек, Нурел дагы сегизде окуп калды, Саидам беште окуйт, баары чоңоюшту, өз абийиримди төгүп албайын", - деп үйүнө келди. Тоня кечки тамакты даярдап бүтүп калыптыр, аны көрүп Саида:

- Апа, эртең менин мектебиме чогулушка барасызбы? - деп эркелей кетти.

- Канчада болот?

- Үчкө келсин деди.

- Барам кызым, сабагың кандай?

- Эң жакшы, отличник болом апа, класста президентмин да.

- Ошент садага, буйруса чоң окууга окуйсуң.

- Эже, тамак даяр, алып келе берейинби? - деп калды Тоня.

- Алып келе бер, балдар ичип анан сабактарын окушсун, - деди Сагынай, Тоня кырктардагы аял, күйөөсү экөө шаарга келип иштей албай соода жасаганга акчасы жок ичип кетишкен экен, алардын бир кыз бир уулу бар, алар үйлөнүп кетишиптир, балдарынан жашырынып эптеп акча тапмак болуп ичип коюп иш издеп жүргөндө Сагынай аларды алып келген. Мамат короо жайын карап тазалап турат, Тоня үй ичин тазалап тамак-ашын жасап, кир-когун жууп баарын жасайт, экөөнө айына беш миң бермек болгон, жатаканасы ичкен жегени бекер болгондуктан алар ошого кайыл болушкан. Сагынай өз турмушуна ыраазы, балдары кашында, баары бар, кудайга шүгүр кыла кээ адамдарга жардам бергенден да кайра тартпайт, бир гана өзүн кыйнаган нерсе эркектин жоктугу, түнү бою жалгыз жатып ар нерсени ойлонуп бирок эч нерсеге башы жетпей, элден балдарынан уялып күн өтө берди. Бир күнү кечинде телефон чырылдаганда Саила ала койду:

- Алоо бул ким? Эмне дейсиң, апама азыр берем, - деп Сагынайды чакырды, - Апа, сизди телефонго чакырып жатат!

- Ким экен кызым?

- Сураган жокмун, сизди сурады.

- Келе гой, - деп трубканы алса Айтемир экен, - аа-а жакшы-жакшы, өзүң кандайсың, жок-жок бүгүн бош эмесмин, эртең жолугалы, макул-макул сен айткан жерде болом, - деп трубканы койду.

- Апа, мен атам болсо керек дегем да.

- Ал кайдан чалсын кызым, колу тийбейт да, - деди ойлуу.

- Эмнеге атам кетип калат?

- Кайдан билем? - деди ойлуу, баягыда Баелге аны жамандай коем деп кызуу кандуу баласынын атасын өлтүрөм дегенин угуп коркуп калган, ошондон кийин аны жамандагандан тартынып ушинтчү болгон эле.

- Мен атам телефон чалабы деп күтө берем.

- Кой кызым, күткөндө эмне, андан көрө сабагыңды оку, мен эс алайын, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти: "Жаманбы жакшыбы өз атасы да, балдар анын кандай экенин билмек, кийин түшүнүп алат, Сабырды кудай жазаласын, сүйөм деп жүрүп алып алгандан кийин мени канча аялга алмаштырды, балдарды да ойлогон жок жараткан кудай бар экени чын болсо жалдыратып алдыма келтирсе ошондо көрөм", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси кечке маал Айтемир менен жолугушууга даярданып чачын жасалгалатып, кийимдин жакшысын кийди, өзүнө жарашкан жашыл түстөгү костюм менен сыртынан кымбат баалуу пальтосун кийип унаасын айдап жөнөдү. Айтемир экөө жолуккандан кийин бул жолу Сагынай ресторанга киргизди, көпкө отуруп сүйлөшүштү, Айтемир ага өткөн сүйүүсүн айткандан тажабады.

- Сагынай, башың деги бош экен, менин болсо аялдан жолум болбоду, үйлөнүп албайлыбы?

- Жок Темир, менин башым бош эмес, мыйзам жүзүндө ажырашкан эмеспиз.

- Анда ажыраш, аны келет деп ойлойсуңбу же?

- Кантсе дагы балдарымдын атасы эмеспи.

- Бирок ал сенин кадырыңды билбейт экен.

- Акыры билет Темир, мен балдарым бойго жеткенде күйөөгө тийе албайм капа болбо.

- Эмнеге, сен деле адамсың да, сен дагы бирөөнү бактылуу кылып, өзүң дагы бактылуу болушуң керек Сагын.

- Мен бактылуумун Темир, - Сагынай ага жылмая карап, - Кел андан көрө мындай эле жүрүп алалы, - деди эле Айтемир тилин жутуп алгансып карап туруп калды, - Эмне сунушум жакпадыбы? - Сагынай каткырып оозуна стакан алып барып коньяктан ууртап койду, - Ооба, таңгалып турасың, менин сага болбойт дегенимди түшүнбөдүң Темир, бул жашоо аманат экенин билесиң, ушул кыска жашоодо адамча жашап өтпөй ар кайсыга урунгум келбейт, балдарымдын жүзүн таза жүрөгүм менен карап, ак эмгегим, кең мээримим менен карап өткүм келет, күйөөмдү ойлосом ал кетирген каталыкты мен кетиргим келбейт, - дегенде Айтемир туруп келип колунан өөп:

- Мен сени ушундай аял деп ойлогонмун Сагын, бактылуу бол, - деди.

- Рахмат Темир, сен мени түшүндүң.

- Аялдагы жакшы сапаттын баары сенде бар Сагынай.

- Мактооңо рахмат.

- Эчтеке эмес, мен мактабадым, чындыкты айттым, сен айткандай болсун, менин сүйүүм сени мен түбөлүк болот, таза бойдон сакталсын, - деди Айтемир ойлуу Сагынайды телмире карап, - Экинчи тынчыңды албайм.

- Рахмат, мага таарынба Темир, - Ордунан турду, экөө ресторандан чыгып жолдо келе жатышты, - Кайда барасың, жеткирип коем.

- Мейли, жеткирсең жеткир, - Айтемир дарегин айта салды, алар коштошуп бөлүнгөндөн кийин Сагынай жол жээгине токтоп көпкө ойлонду: "Мен туура кылдымбы, балдарымдын жүрөгүн оорутканым болбос, эркексиз кайсы аял өлүптүр, жалгыз гана максатым балдарымды жакшы тарбиялашым керек", - деген чечимге келди. Анан үйүнө келип унаасын токтотуп үйүнө кирсе Саида телефондо сүйлөшүп жатыптыр, босогодо туруп калды:

- Ата, үйгө качан келесиз, мен сизди сагындым, ооба апам жок, ал иштери менен кеткен, билбейм кандай иш экенин, иши кылса биздин камыбызды көрүп жүрөт го, жо-ок апам башка бирөө менен кеткен жок, ата келиңизчи үйгө, мен сизди чалат деп күндө күтүп отура берем, отура берем, сиз болсо таптакыр чалбайсыз.

- Саида, кызым ал ким? - Сагынай кирип келди, Саида шашыла трубканы кое койду.

- Келдиңизби апа?

- Ооба, ким менен сүйлөштүң?

- Апа, атам чалды...

- Эмне дейт?

- Сизди сурады.

- Эмне кылат экен? - Чарчагандай отура кетти.

- Апа, атам келсе урушпайсызбы? - Саида жанына келип апасын кучактады, - Сиз атамды келтирбейсизби?

- Эмнеге сурадың кызым?

- Атам келем десе сиз урушсаңызчы.

- Кызым, атаңды кеп кылбай эле койчу.

- Апа-а, мен атамды сагындым, - Саида көздөрүн жашылданта карап жалдырап ийди, - Эмнеге атамды жек көрөсүз апа?

- Кызым, аны кийин түшүнөсүң, атаңды мен кубалаган жокмун да, - Сагынай кызын бооруна кысты, - Жалгызым менин, эркетайым ыйлабагын ээ?

- Мен атамды көргүм келет.

- Анда эми телефон чалса өзүң жолук макулбу.

- Макул, эми чалса сөзсүз жолугам, - Саида кубанып кетти, эненин жүрөгү ачыша ичи сыйрыла унчукпай калды, - Апа тамак ичесизби?

- Жо-ок кызым, кардым ток, сен барып укта.

- Макул апа, - деп Саида өз бөлмөсүнө кетти, Нурел менен Баел сабак даярдап жатышкан, Сагынай кийимин чечпестен чалкасынан жатып алып ойлору алда кайда кетти, бирок кандайын ойлонсо да бир чечимге келе албады: "Кечиришим керекпи же кечирүүм абзелби, менин намысым менен балдардын иши да жок, балдардын таза дүйнөсүндө атасы өздөрүнө жакшы, кантейин жек көрүп турсам дагы ушуларым үчүн үндөбөй киргизем го, бирок муздаган жүрөк жибимек кайда", - деп түнү бою кирпик какпай ойлонуп чыкты. Эртеси эч жакка барбай үйүндө болду, душка түшүп сергип алып кино көрүп отурганда телефон чырылдап калды, ала койсо Нурийла экен:

- Ало, кандай Нүкүш, иштериң кандай, ооба-ооба үйдөмүн, качан аа-аа бүгүнбү болуптур барам, көрүшкөнчө курбум, жок - жо-ок эч кимим жок, балким кызымды ээрчите бараармын, албетте-албетте, - деди да ойлонуп көпкө турду. Сагынай мектепке барганы жаткан, аны ээрчитмек болду эле сабактан калам деп болбой койду, аңгыча Нурел сабактан келип калды:

- Кайда барасыз апа?

- Бир курбум конокко чакырды, барып келейин балам.

- Бара бериңиз.

- Сен үйдө болосуңбу?

- Ооба, сабакка даярданам.

- Макул анда мен кеттим, кардыңды тойгуз уулум, - Тоня эжең даярдап берет жарайбы?

- Жарайт апа, кабатыр болбой бара бериңиз.

- Мейли, - деди да үйдөн чыгып унаасын айдап чыгып кетти, Нурел ойлонуп отуруп атасынын эмнеге үйдөн кетип калганына түшүнбөйт, "Эч качан урушканын көрбөдүм эле, анан эмнеге кетет, атам өзү каякта жүрөт болду экен, балким иштеп эле жүргөндүр, анда неге үйгө келбейт, мен атамды издесемби", - деп ойлонуп жанындагы акчаны санап көрдү да үйдөн Сабырдын сүрөтүн кошо ала чыгып жоголгону тууралуу жазып миң сүрөт чыгартты да көчөлөргө чаптап чыкты. Кечинде келсе Баел аны үңүрөйө карады:

- Сен каякта жүрөсүң?

- Иш менен...

- Абайла, быйыл экзамен бересиң, мага жалдырап жүрбө.

- Даярдагым жакшы эле, Саида келе элекпи?

- Келген, жуунуп жатат го.

- Кардым ачты, тамак бар бекен ыя?

- Биз деле иче элекпиз, апам кайда кеткен?

- Конокко кеткен.

- Качан?

- Саат бирлерде кетти окшойт.

- Эмдигиче жокпу анан?

- Келет да, - Нурел үстөлгө отурду, ошол учурда Тоня аларга тамактарын алып келип калды:

- Тамак даяр балдар, Саида кайда жүрөт?

- Азыр келет.

- Макул анда, тамагыңар таттуу болсун, - Тоня ары көздөй басып кетти, үчөө отуруп тамактанып жатканда Нурел:

- Ушул кантип жашоо болсун, ата-энеси жоктой болуп отурабыз.

- Апам келет да, аны конокко курбусу чакырыптыр, мени ээрчитем дегенинен сабактан калам деп барбай койгонмун, - деди Саида.

- А атамчы, унчукпай ичимден гана ойлоном, башкаңарды билбейм мен атамды сагындым, - деди Нурел кабак бүркөй.

- Мен деле сагындым, өзү келип калса эмне кылабыз? - деди Баел.

- Анда атамды таап алып келбейлиби? - деди Саида эки агасын кубанычтуу карап, - Үйгө алып келсек апам унчукпай калат, - А мен атам менен сүйлөшкөнмүн.

- Мен жарыя илип келдим, - деди Нурел, - Кайда экенин айтпадыбы?

- Эмне? Качан? - деп таңгала карады Баел.

- Бүгүн, телефонду бердим, эгерде бирөө чалса үчөөбүз гана алабыз, жарайбы? - деди Нурел.

- Сүйлөштүк, - деп үчөө кубанычтуу бири-бирин колдоп жатканда Сагынай кирди:

- Жата элексиңерби балдар?

- Сизди күтүп жаттык.

- Жөн элеби? - Үчөөнү суроолуу карады.

- Апа, биз сизден бир нерсе сурасак болобу? - деди Баел, калган экөө аны тегеректеп үмүттүү карап калышты.

- Эмнени сурамаксыңар?

- Атам келсе куубайсызбы? - деди Баел.

- Эмне деп эле жатасыңар, атаңар үйдөн өзү кетпедиби.

- Апа, - деди Нурел, - Атамдын кеткенине эки жылдай болуп бара жатат, үйгө келсек анын орду жок, бизге экөөңөр тең керексиңер, атам үйгө келиши керек да.

- Ооба апа, атамды алып келишибиз керек.

- Апа, - Саида апасын анан агаларын карады, - Нурел байке, жарыя бергендин кереги жок болчу, атам үйгө телефон чалган.

- Ким жарыя берип жүрөт? - деп Сагынай үчөөнү карады.

- Мен, - Нурел башын жерге салды.

- Болуптур, тапсаңар алып келгиле, бирок силер үчүн гана, - деген Сагынай өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Ошондон беш-алты күн өткөндө телефон чырылдаганынан Сагынай үйдө жалгыз болгондуктан өзү алды:

- Ало ким бул? - деди эле колдураган бирөөнүн үнү угулду.

- Ало, Жолдубаев Сабырбек дегенди мен билем.

- Кайдан билесиң?

- Үйүн билем, көрсөтүп берем, айткан акчаңарды бересиңерби?

- Кандай акча?

- Жарыяда жазылып турат го?

- Бир аздан кийин чалыңызчы, - Сагынай трубканы коюп койду: "Канча акча берем деп жазды экен, ай ушул балдарды, атаңар дайынсыз болуп кеткенсип жарыя бере койгонун кара, мага десе өлүп кетсе дагы акча менен тапмак эмес элем, балдардын көөнүн кыя албай кантээр экенмин, Нурел келсе айтайын", - деп ойлонуп отурганда кайрадан телефон чырылдады, - Ало угуп жатам, аа-а сиз жарыя берген адам келгенде чалыңызчы, азыр ал жок эле, - деп дагы коюп койду, көп өтпөй Баел, анан Нурел келди.

- Апа, эч ким чалбадыбы? - деди ал келип эле.

- Чалды.

- Анан, анан эмне деди?

- Жарыядагы акчаны бересиңерби деди.

- бериш керек, - Нурел желкесин кашылай туруп калды.

- Канча?

- Беш миң.

- Ошончо акчага атаңды сатып алмаксыңарбы?

- Эмне болмок эле, кайрылып келсе болду да.

- Уулум, - деди Сагынай ойлуу өзүн карап турган балдарын карап, - атаңдын аман-эсен экенин билем, шаарда эле бир аял менен жашап жатса мунуңар кантип болсун ыя?!

- Сиз анын каерде экенин билесизби? - деди Баел таңгала.

- Билем, мындай жоругуңар болбойт, ал келүүнү өзү каалабаса кайдагы немеге акча чача бергендин эмне кереги бар?

- Апа, кечирип коюңузчу, - Нурел күнөөлүүдөй унчукту.

- Андай болсо дарегин бериңиз, биз барып сүйлөшөлү, - деди Баел.

- Азыр эмес, силер сабагыңарды окугула, өзү телефон чалып калса сүйлөшөсүңөр, - деп Сагынай ары кетип калды, анын мунусу балдарына жаккан жок, телефонду карап отуруп калышты, ошол кезде телефон чыр этти эле ала койду Баел.

- Ало угуп жатам, жарайт азыр барабыз, ошол жерде күтүңүз, - деди да Нурелди көзүн ымдай, - Кеттик, - деп эшикти көздөй жөнөдү, алардын кеткенин Сагынай көрбөй калды, ал коңшусу менен сүйлөшүп үйдүн артында турган. Баел менен Нурел келсе бир бомж жарыя жазылган кагазды кармап күтүп жатыптыр.

- Кана сизби телефон чалган? - деди Баел.

- Ооба, адегенде акчаны бергиле.

- Дарегин көрсөт, ишенгендей бололу, болбосо эчтеке жок, - деди эле ал алдыга түшүп көп кабаттуу үйлөрдү аралап бара жатканда Нурел:

- Таап берсе кайсы акчаны беребиз? - деди шыбырай.

- Адегенде тапсын, анан көрөбүз.

- Менде эки миң сом бар, апамдан кийим алам деп алганмын.

- Унчукпа, - деп ал киши кирип бара жаткан подъездге киришкенде артынан кирип үчүнчү кабатка жеткенде онунчу бөлмөнүн эшигине келип токтоду.

- Ушул үйдө жашайт, - деди тигил.

- Кантип ишенебиз?

- Азыр, - деди да коңгуроосун басканда Баел менен Нурел далдалана калышты, эшик ачылганда Асел көрүнүп тигини таңгала карап:

- Сизге эмне керек? - деди каштарын жыйрый.

- Сабыр керек эле. Бар болсо айтып коюңузчу, - деди жүдөө түрүнөн корунгандай.

- Анда сенин кандай жумушуң бар?

- Керек, мен анын жердешимин, ушул үйдө жашаганын билем.

- Ал үйдө жок, кеч келет, - деди да Асел кайра жаап алды.

- Мына, эми ишендиңерби? - деп экөөнү карады тиги адам, Баел чөнтөгүнөн акча алып чыгып Нурелге карады эле ал акчаны берди, экөөнүкү үч жарым миң сом болду.

- Мына, толук болбой калды, сизге рахмат, - деди Баел акчсаны сунуп.

- Болуптур, ушул дагы жетет, - деп тигил ылдый түшүп бара жатканда алдынан Сабыр чыкты, бул Темирбек болчу, Сабырдын акчасын бере албай, же соодасы болбой аялы кайра балдарына айылга кетип калган, бул болсо эчтекеден жолу болбой акырындап кээде иче коюп, талаадан акыр-чикир чогултуп кардын тойгузуп эптеп күн өткөрө баштаган. Аны аялы кийин издеп келип таппай кеткен. Ошентип кабат үйлөрдүн таштандыларын аңтарып жүрүп Сабырды көрүп калып анын каерде жашаганын көрүп алган, бирок ага көрүнүүдөн уялган эле, аны Сабыр көрсө баары бир таанымак эмес, андан бери он беш, он алты жыл өтпөдүбү, Темирбектин көрүнүшү өтө эле кыйын болчу. Азыр дагы алдынан чыккан Сабырды таанып башын жерге салып өтүп кетти, ал байкабай өтүп кетип эки уулун көрүп тык токтоду.

- Ата!

- Ата!

- Баел, Нурел, - деген Сабыр өзүн көздөй умтула берип токтогон балдарына тепкичтен чыга келди да кучакташып калды.

- Ата, эмнеге үйгө барбайсыз? - деди Баел.

- Ата, биз сизге келдик, - деп Нурел бир жагынан чыкты.

- Балдарым, жүрү үйгө кирели.

- Жок, биздин үйүбүз бул жерде эмес, биз менен кетесизби?

- Балдарым, мени түшүнгүлө, үйгө кирип сүйлөшөлүчү.

- Жок, азыр айтыңыз кетесизби? - деди Баел үңкүйө карап.

- Кетпесеңиз биз кетели, - деди Нурел.

- Мен эртең барайын, азыр силер бара бергиле, - деди аргасы кеткен Сабыр, - Менин иштерим да көп, бир документке келдим эле.

- Ата, - деди Нурел.

- Айта бер балам.

- Сиз аял алып алдыңыз беле?

- Эмне? - Сабыр азга туруп анан кайсактай күлдү, - Уулум түшүнгүлөчү мени, апаңар мени үйдөн кууп чыкса алып алдым да.

- Ата, апам куубай эле мурун деле кетип калбадыңыз беле, анда мен кичинекей элем, ошондо апам сизди кечирген, - Ошол убакта тепкичтен ары-бери адамдар өтүп калды, Сабыр балдарына жооп берүүдөн тайсалдап:

- Болуптур анда, мен эртең үйгө барам, - деп кирип кетмек болду эле Баел.

- Эми барбай койсоңуз дагы болот, баары түшүнүктүү! - деди да ылдый түшүп кетти, Нурел анын артынан жөнөдү, алар экинчи кабатка келгенде:

- Сабыр, ким менен сүйлөшүп жатасың? - деп Асел чыга калды эле экөө тең артына бурулуп колунда бала көтөрүп төрөйүн деп челкейген Аселди карап туруп анан жолго түшүштү.

- эмнеге басып кеттиң, үйүнө кирип көрөт элек да, - деди Нурел агасына, - Аялын тажатмакпыз.

- Кереги жок, демек аял алыптыр, ага биздин керегибиз жок, - деп Баел күңк этип коюп машинасына отуруп айдап жөнөдү. Ошол бойдон алар атасы жөнүндө айтканды коюшту, Саида гана телефонду аңдып атасынын чалышын күтүп жүрдү. Сабыр эртеси анын эртеси дагы келбеди, арадан бир ай өткөндө гана кечке маал жип машина келип алардын дарбазасынын алдына токтоду, балдары жок болчу, Сагынай менен Саида эле бар эле:

- Ата-а! - деп Саида жетип кучактап калды.

- Кызым, кагылайын кызым, - деп өөп анан Сагынайга карады, - Сакин кандай акыбал?

- Өлгөн жокмун.

- Койчу эми, жакшы жооп берсең боло.

- Сен жакшы сөзгө ылайыксыңбы?

- Апа, урушпаңызчы атамды, - Саида жалдырап ийди, - Атам эми эч жакка кетпейт, чынбы ата?

- Кызым...

- Атаңдын аялы, сенден жакшы көргөн кызы бар кызым.

- Калп ээ ата, апам калп айтып жатат ээ?

- Жок кызым, мен кетишим керек, - деди Сабыр.

- Саида, аны кармаба, - деди ошол учурда сырттан кирип келе жатып Баел, - Атабыздын башка үй-бүлөөсү бар!

- Ата, жалган дечи буларга, - Саида Сабырды жулкулдатып ийди, - Жалган дечи ата, жумушка эле барасызбы?

- Эми ачык айтпасам болбос кызым, менин үй-бүлөөм бар, апаңар өзү мени кууп чыккан, анан мен аял алып алганмын, эки балалуу болом, - деди Сабыр жер карай, - Силерге деле таштадым го, жашооңор жакшы эле го, силерге дагы кайрылып турам.

- Кереги жок! - деди Баел, - Мындан кийин келбей койсоңуз да болот! - деп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Мен сени жаман көрөм, экинчи көргүм келбейт, - деп Саида ыйлап ары карап кетти, Сабыр үйдөн чыгып бара жатты, Сагынай үндөгөн жок, ошол бойдон эч кимиси сүйлөбөй өз-өз бөлмөлөрүндө болуп жатышты, балдарынын акыбалын көргөн Сагынай чыдабай кетти: "Акмак, балдарды капа кылып кетти, бир жагынан баарын билип алышканы жакшы болду", - деп ойлоп Сагынай оор улутунуп алды...

Элмара ата-энеси өлгөндөн кийин мындайыраак туугандарынын колунда калган, анда ал беш жашта болчу, атасы бир мекемени башкарып күпүлдөп турган кезде элдин алды болуп үч кабат үй салдырып, үй кызматчы жумшап турган. Эл эркиндик дегенге бири түшүнсө бири түшүнбөй турган чак, Элмарадан улуу эркек баласы он бирде, андан улуусу он беш жашта болчу. Байлык деген башты жутчу балээге көөп турган кезде Кубаныч менен Гүлдананы, кызы менен уулун өз үйүнөнө өлтүрүп бүт акчасын алып кеткен уурулар балдар бөлмөсүндө уктап жаткан Элмараны көрбөй кетишкен өңдү, көрсө дагы алланын бир касиети аны өлүмгө кыйбадыбы бир үй-бүлөөдөн беш жашар кыз калды. Кубанычбек жалгыз бала болчу, жакыныраак агасы Талантбек үйүнө көчүп келип алган мурун эле, келишкен үйдү ким эле каалабасын, анткени Кубаныч аны өзүнүн сатып алган базарына башчы кылып койгон эле. Директорлук милдети кийин башкаруучулукка алмашты, инисинин үйүн, ордун ээлеп жашай баштады, өздөрүнүн беш баласы бар, улуусу мектепти бүтүп эң кенжеси Элмара менен тең кыз, аты Жазира. Сажира дагы ошол базарда бухгалтер болуп иштейт, Кубанычбектин банкта акча бар эле, аны кийин соттун чечими чыгып Элмара он сегизге чыкканча ала албай турган болушту. Сажира аябай заардуу, Элмараны көрсө эле кыжыры кайнап турат, Жазираны ага кошулба деп айтса деле болбойт, бир күнү экөө тапчанда ойноп жатканда жумуштан келип калды.

- Жази, бери кел кызым, ага жолобо дебедим беле?

- Мама, ойной берейинчи.

- Болбойт, - деп Элмараны акшы карады, - Экинчи ушунун жанына жолойт экенсиң көрсөтөм сага, - Колун кезей кыйкырганда Элмара эчкире ыйлап жиберди:

-Ма-ама!

- Ыкы, каякта экен мамаң, дегеле кара муну, чарайнадан чыкпай жатып ата-энеңди жутуп алдың го шүмшүк! - деп жетип келип ууртунан аткый чымчыганда Жазира ыйлап ийди

- Мама, тийбечи ага, экинчи мен аны менен ойнобойм.

- Экинчи жолобогун, эгерде дагы экөөңдүн ойногонуңду көрбөйүн! - деди да Элмараны түртүп ийип үйгө кирип кетти, ал турсун өзүнүн ата-энесинин алып берген оюнчуктарын дагы берчү эмес, үй кызматчы Бурул деген аял эле, ал мунун баарын көрүп туруп чыдай албай кетип барып сооротуп калды:

- Ыйлаба кызым, сен жакшы кызсың да ээ? - деп көз жашын аарчып жатканда терезеден Сажира көрүп жини келип чыгып келди.

- Аны тим коюп ишиңди кылбайсыңбы! - деди тиртеңдей, - Дегеле боорукер болуп кеткенин кара.

- Бала деген бала да, кандай неменин боору оорубасын.

- Тарт тилиңди, сен мага тил кайрый турган болуп калдыңбы?

- Кечирип коюңуз, мен жөн эле айттым, - деп Бурул ашкана жакты көздөй кетти, Элмара томсоро отуруп калды, бала болсо дагы ата-энеси бардагы бактылуу күндөрүн эсине келгенин эстеп, элес-булас апасын, атасын көз алдына келтире көз жашын үнсүз төгүп отурган эле, ошол убакта улуу кызы Жасмин келип калып ыйлап отурган Элмаранын жанына келди:

- Эля, эмне болду сага? - Эки бетинен өөп койду эле ого бетер эрээркеп кетти Элмара, - Ким урду Эля, бирөө тийдиби?

- Мамам, - деди Элмара соолуктай.

- Мамамбы?

- Ооба, - деп кызарып кеткен ууртун көрсөттү, Элмара Сажираны мурда эле мам дечү, - Чымчып алды-ы.

- Кой ыйлаба, жүрү үйгө, - деп колунан тартты эле болбоду.

- Урушат да, мени жаман көрөт.

- Сен отуруп тур, ыйлабачы ээ? - деди да өзү үйгө кирип апасын издеди, ал өз бөлмөсүндө күзгүдө отурган, - Мама, Элмараны урбай эле койбойсузбу?

- Анын атын угузбачы мага.

- Мама, ошол кичинекей кызды эмне зыяны тийди, ошол болбосо бул үйдү эбак өкмөт алып коймок, эмнеге түшүнбөйсүз?

- Сен мага акыл үйрөткөндү кой, ал кызды коргогончо өз бактыңды ойло, ансыз дагы ушул шүмшүктүн айынан банктан акча бербей жатат.

- Кызык, мен өз энемдин ушундай экенин билбептирмин, уялам сизден! - деп өз бөлмөсүнө кирип кийимин алмаштырып чыкты да Элмараны жетелеп сыртка чыгып кетип балмуздак, шоколад алып берип ойнотуп келди, кечинде тамакка отурганда Сажира:

- Бурул, Эляны өзүң менен кошо алып барып тамак берчи, - деди эле ал жетелеп кетти.

- Мам, ушунуң кантип болсун, кичине дагы болсо энелик мээримиң барбы? - деп Жасмин капа боло карады.

- Тамагыңарды ичкиле, мен ар бириңе жооп берип отура албайм.

- Уят го, арбак көрүп турат дешет, ата-энесин көрүп билип эле жүрдүңүз эле, тырмактай кызга өчөшкөнүңүз болбойт.

- Мага акыл үйрөтпөй сабагыңды оку.

- Мен айылга кетемин, бирөөнүн байлыгына чиренип бардар болуп жашагым келбейт! - деп Жасмин туруп кетти. Сажира аны тоотуп дагы койгон жок, Талантбек кеч келди эле ага?

- Талант, Эляны балдар үйүнө берип койсок эмне болот? - деди.

- Эмнеге, сен жинди болдуңбу?

- Ошондон тажап кеттим, көргүм келбей бара жатат, ойлонуп көрчү.

- Эсиңди жый, мына булардын баары ошого тиешелүү, үй мүлктүн баары ийне жибине чейин ушуга кала турган мүлк, сен экөөбүз ошол кызды багабыз, - деп бул жерде отурабыз, он сегизге чыкканда бул жерден кетүүгө тийишпиз, - деди жини келген Талантбек.

- Кокус бирдеме болуп калсачы?

- Эмне болуп? - Талантбек аялын таңгала карап калды.

- Эми-и, кокус ооруп-сооруп өлүп калса бизде калат да.

- Эй, оозуңа карап сүйлөчү, бармактай кыздын өлүмүн тилебе.

- Ажал жетсе өлөт да.

- Сен жинди болуп калгандан соосуңбу?

- Ооба, ушул кыздын бары мени жинди кылып бара жатат, эгер мунуң чоңойсо үйдүн баары буга өтөт экен да, - деп күйөөсүнө суроолуу тигилди.

- Албетте, мыйзам боюнча ошонуку болгондон кийин өтөт да.

- Башка жолу жокпу?

- Сажира, бул сөздү бир карапайым аял айтса таңгалбайт элем, сен мыйзам тааныган окуп-чокуган аялсың го, эмнеге минтип жатасың? - Талант аялынын жанына келди, - Ишибиз бар, акча кудайга шүгүр, андан көрө бирөөнүкүнө көзүңдү кызартпай жүрсөңчү, алар өлбөсө деле ушул үйдө жашап жакшылыгын көрдүң эле го?

- Болуптур, жок дегенде базарды өз атыңа которуп албайсыңбы.

- Сажира! - деп Талант бакырып жиберди, - Мунун баары биздин колдо эмес экенин билесиңби, Элмара үчүн булар өкмөткө, кайрымдуулук фондуна өтпөй калган, ошол кыздын мурасы булар, баарын тизмектеп алган.

-Анда үй алып чыгып кетеличи, - деди Сажира кенебей, - Ошол кызды көргүм жок, - деди да туруп кетти. Талантбек өзүнчө ойлуу отуруп калды: "Бул эмне мынчалык ачкөз болуп кетти, ошол бармактай кыз эмнени коротот эле, баары биздин колдо го, кийем дегенин кийип, ичем дегенин ичип, өзүнчө машина менен жүрөт, балдарыбыз барчылыкта чоңоюп жатат, арбактын алдында күнөөлүү болгум келбейт, Элмараны өзүм чоңойтуп адам кылышым керек, кой үй алайын да муну алып кетейин, Элмараны нянка жалдап бактыруум керек, антпесе бирдеме кылып коюшу мүмкүн", - деген чечимге келди ал. Ошентип убакыт өтө берди, Элмара мектепке баргандан баштап Сажира аны өзү колуна алып нянкасын кетирип ийди. Кубанычтардын үйүн бекитип койду Талантбек. Элмара үчкө окуганда үй жумушун жасатып кир жуудурчу болду, бул кезде Жасминди күйөөгө жаңыча салт менен берип, той өткөрүп өздөрүнчө жашап жаткан, Жазира Элмаранын пол жууп жатканын көрүп:

- Сабактан кечигесиң, бол эрте, - деди эле карап турган Сажира:

- Өзүң бара бер, ал барбайт, - деди.

- Мама, барбаса эжей урушат да.

- Өлбөйт, жумуш толтура, кир толуп кетиптир.

- Мама, эжей менден сурай берет да.

- Сураса билбейм де.

- Кантип?

- Анда ооруп жатат де, - деди да ары кирип кетти, Элмара тердеп-тепчип пол жууп жатып ыйлап жатты, кечке үч кабат үйдүн колу жеткен жерин бүт тазалап, кайра кир жууп жатканда Талантбек келип калды.

- Эля, кир жууп жатасыңбы кызым?

- Ооба...

- Мамаң кайда?

- Үйдө.

- Сабакка барбадыңбы?

- Жок, кир жуу деди мамам.

- Макул, калганын коюп кой да эс ал, - деп Талантбек кирип Сажирага карады, - Ушунуң кантип болсун, бармактай кызга кир жуудуруп.

- Өз үйү болбогон соң ичкен ашын актасын.

- Сажира! - деп бакырды Талантбек, - Аны өз үйүнөн алып келгениңде абийиринен уялган экен дедим эле, сен акылсыз аял экенсиң-, кокус өгөй балалуу болсоң өлтүрмөк экенсиң да, экинчи ушул кыздын жумуш жасап сабактан калганын көрбөйүн! - деп диванга отуруп калды.

- Эмнеге эле ошол кызга болуша бересиң, ушу сенин кызың болуп жүрбөсүн? - дегенде Талантбек жинди боло жаздады:

- Эй акмак, адам оюна албай турган сөздү кантип айтып жатасың ыя, ушул да кеппи? - деп барып колун көтөрө чаап жибере жаздап токтоду:

- Ур, урбайсыңбы эми, эмнеге токтоп калдың? - деп мисирейди Сажира.

- Сага корогон кайран кол да кайран кеп, ушу сен ооруп калгандан соо болсоң болду, - деп эшикке чыкса Элмара кирди эптеп жайып чоңдорун сыга албай жатып көздөрүндө жаш куюлуп жатыптыр, - Жүрү кызым кеттик, - деп колунан алып унаага отургузду да өз үйүнө алып келип эшиктерин ачып коюп кайра жанына отургузуп алып үй кызматчы издеди, ойлонуп отуруп айылдагы карындашын эстеди, күйөөдөн чыгып келип ата-энесин карап жаткан, дароо айылга жөнөп күүгүмдө жетип ата-энесине болгонун айтып Насибаны алып келип эртеси аларга үй кызматчы алып келип дайындап койду. Элмара Насиба келгени оңуп калды, мектепке барып келип сабагын даярдайт, жуунуп кийингени таза, Талант ага кийимди өзү алып келип берип турат. Сажира негедир ошентип жүрүп эле ооруп калды, балдарын да күйөөсүн да жолотпойт, жини кармаганда идиш-аяк, күзгү телефондорун талкалап бакырып өкүргөндө байлап жаткырып коюп врач чакырып укол сайдырып анан эс алдырат. Талант абдан кыйналып кетти, Сажира аны көрсө эле жинденет, бир жылдай үйүндө карап, ооруканага жаткырып дарылатып көрдү, акыры врачтардын айтуусу менен психиатрга кеңешип оорулуулардын ооруканасына жаткырып келди. Атасы жок, апасы бар, ал келип далай жолу молдого да окутту, ага да болгон жок, ыйлап-сыктап күйөө баласына таарынды:

- Колуңда бар балам, Сажираны жакшылап көрсөтсөң сакаят беле, эми жиндиканадан ого бетер оңолбой жоголот го?

- Апа, жакшы эле караттым, бергенден аяганым жок, болбойт дешсе эмне кылам, мен деле ойлонуп жатпайынбы, - деди Талантбек үшкүрүнө.

- Кандай болуп ооруп калды деги, жакшынакай эле жүрдү эле го?

- Мен дагы түшүнбөй калдым, адегенде эле чоочуп догдурга алып бардым, жакшы карашты, дурус болуп барып эле кайра ооруп калып жатпайбы.

- кудай жар болсун эми, алланын жардамы тийип сакайып кеткиси бардыр, - деп Кайрынса унчукпай калды. Сажира кийин-кийин кимиси барса да тааныбай калды, бакырып-өкүрүп бошонсо эле кайдадыр жүгүрүп: "Мени кубалап келе жатат, кой дегиле кармагыла тигини", - деп качып жөнөгөнү үчүн көбүнчө байлап коюшчу болду, Жасмин барган сайын ыйлап келет. Жылдар билинбей өтүп кетти, анын айыгаар түрү жок, арыктап бүтүп калган, бара-бара Талантбек барбай да калды, ал эми жаш кыз менен жүрүп калган, Элмара байкалбай эле он бешке чыгып бойго жетти, Насиба турмушка чыгып өзүнчө кеткенден кийин ал үй кызматчысы менен калган, Талантбек баарын камсыздап турат. Эки миң бешинчи жылы ага үйдү өткөрүп берип он сегизге чыкканда республикадагы эң чоң окуу жайына киргизип койду. Элмара өзү абдан татынакай кыз эле, ага Талантбектин бир досу кеп салып келин кылып алмак болгондо ата-энесин чакырды. Ал досу өкмөттүн көрүнүктүү кызматчысы Өмүрбек Артыковичтин баласы өтө эрке талтаң неме болчу, Элмара ага болбосо дагы сөйкө салышты, ыйлап туруп алар кеткенде Талантбекке барды:

- Апа, менин ал балага көңүлүм болбосо эмнеге мындай кылдыңыз?

- Кызым, сенин келечегиңди ойлонуп жатамын, эгерде сенде байлыктын бар экенин билген бирөөгө туш болсоң кыйналып каласың го?

- Ал деген мага жаккан жок, тартиби жок неме го?

- Жо-ок, Тайыр абдан жакшы жигит, жакында швецарияга кетет экен.

- Пап, пажалуйста, мен азыр күйөөгө тийбейм, окуумду бүтөйүн, сиз айтыңызчы аларга, - деп жалдыраганда Талантбек аны эркелете карады.

- Макул кызым, кабатыр болбо, алар шашышпайт, болгону сени кудалап эле коюшпадыбы, - деп чекесинен өөп анан кетмек болду, - Окууң жакшыбы кызым, буйруса чет өлкөгө окуйсуң, - деди да жөнөдү, аны азыр сүйүктүү жаш аялы күтүп жаткан эле. Гүлира жыйырма бештеги келин, бир күйөөдөн чыгып мурун Кубанычбектин секретаршасы болуп иштеп жүргөн, кийин Талантбек келип иштеп калды, ага көзү түшүп кээ-кээде кафеге чакырып белек берип жүргөн, Сажира ооруп калгандан кийин аны менен ачык эле жүрүп алып үй алып берип, азыр бир баласы бар, ата-энесине дагы айткан эмес, ал көбүнчө уул-кызынан коркот, Жазира деле бойго жетип окуп жаткан убак.

- Келдиңизби? - деди Талант киргенде Гүлира акырын.

- Келдим жаным, кандай уулум экөөңөр күтүп калдыңарбы? - Эңиле өөп койду.

- Аябай күттүк, Тарас сизди сурай берет.

- Жаным, ардагым менин, мындан ары сиз дебей жүрчү суранам.

- Айта албай жатам.

- Эмне мени улуу деп тартынасыңбы алтышка?

- Андай деле эмес.

- Анда сен деп жүргүн, мындан ары сиз дебе, сен сиз деген сайын ортобузда бир нерсе тургандай боло берет экен.

- Макул эми, - Гүлира наздуу эркелей жылмайды, - Ата-энеме качан барабыз?

- Буйруса жакында, эртең өз ата-энеме барып келейин, анан көрөбүз, - деп Талантбек уулун тизесине отургузуп эркелетип жатты, Гүлира тамагын алып келип экөө тамактанып сүйлөшүп жатышты.

- Эляга келип кетиштиби?

- Ооба, сөйкө салышты.

- Күйөө бала кандай экен, жактыбы Эляга?

- Жакпай турат, азыр жаштык кылып жатат да.

- Болбосо кыстабай эле койгула да.

- Неге болбосун, болот эле, - деп чалкалай жатып калды, анын оюнда кызы Жазира менен Марс турду, жыйырма бирдеги Даниел үйгө токтобой кеч келет, алардын баскан турганын текшергенге убактысы да болбойт, окуусун бүткөнү Даниел окуу жайга тапшыртып койду эле чыгып алды, Марлеси үйлөнүп бир балалуу болуп калган, өздөрүнчө турат. Жазира студент, Марс Жазирадан бир жарым жаш улуу, экөө удаа, үйдө экөө эле калган, Даниел келсе келет, келбесе жок, үйлөнтөйүн десе да болбой койду. Балдарын ойлонуп жатып уктап кетти, Гүлира төшөгүн даярдап Тарасты уктатып туруп анан ойготту.

- Тургула, ордуңарга жаткыла, чарчагансыңар го?

- Чарчабай анан, абдан чарчап жүрөм.

- Аялыңарга бардыңарбы? - дегенде Талантбектин жүрөгү зырп этип алды, кантсе дагы сүйчү эмес беле, кандай кыял-жоругуна чыдады, кыз кезинде созулган Сажиранын кийинчерээк ачкөз, ажаан аялга айланганын көрүп унчукчу эмес, эми тигинтип өзүн билбей калганы канчалык жүрөгүн оорутканын бул жаш неме кайдан билсин.

- Барып келдим, - деди көңүлсүз.

- Жылыш барбы деги?

- Жок, абалы кыйын.

- Жакшы жүрмөк бар деген ошол да.

- Сакайып кетээринен үмүт калбады, кой уктайлы жаным, - деп сүйлөшкүсү келбегенин билдирди Талантбек.

- Жакшы жат, - деп Гүлира дагы жанына кыйшайды, ал азырынча мыйзамдуу аялы болбогондуктан Талантбек Аскаровичтин ойношу деген сөздөн тартынып көчөгө чыкканда тааныштарга жолугуудан качып турат, чынында көчөгө деле чыкпайт, баары турса кайда бармак эле, ата-энесине дагы эч нерсе айта элек, баласын курбусуна таштап бир жылда бир барып келет, Тарас төрттө, ошондо апасы ага:

- Кызым, ишиң жакшы элеби? - деди сынай карап.

- Жакшы эле апа, эмне болду?

- Өңүң азгындай, санаа басып турат го? - Эне сынчы дегендей маанай да кызынын ички сырын тарткысы келди.

- Апа, баары жайында, ишим жакшы үчүн силерге минтип алып келип жатам го, - деп күлүп койду Гүлира, Турус менен Маанайдын жети баласы бар, баары үйлөнүп жайланып калган, кадыр-барктуу үй-бүлөөдөн. Гүлира гана барган жерине тынбай ажырашып кеткен, эми балалуу болуп алганын жашырып жаткан эле.

- Ошентсе да сурадым кызым, келсең бир түнөп эле кетесиң.

- Ишимден калам да апа.

- Мейли кызым, оорубай-сыктабай эле жүрсөң болду, - деп узатып калды эне, жолдо келе жатып ыйлап да алды: "Балким оюнчуктай пайдаланып таштап кетээр, ага эмне балдары турбайбы, эмдигиче күбөлүгү жок, кокус кетип калса баламды кийин нокотек туулган бала дешет го", - деген ой качан болсо оюнан кетпейт. Ата-энесине бараарда айтып анан белек-бечкек алып келет, андан Талантбек эчтеке аябайт деле. Бирок үстүнө кирип үй алып бергенден бери келбей калган күнү боло элек, ал жагынан ишеничи зор, анын канчалаган ой санаада жүргөнү ага бүдөмүк эле. Гүлира дагы Талантбек келгенде айтмак болуп күтө берип ал келгенде уктап калды, таң атканда ойгонуп сыртка чыгып келип: "Ага эмне болду, келбей калчы адаты жок эле, тынчылык эле болсо экен", - деп ичкери кирип кайра жатып калды. Күндүзү кечке ойлонуп жатты, бирок дайынын билбеди, телефон алып келип берген, бирок аны жаңыдан кармаганга жакшы биле албай койду, түш оогон кезде Талантбек чалган экен ала койду:

- Кайда жүрөсүз? - деди кабатырланганын билгизе, - Мен ойлоно берип жинди болуп кете жаздадым, ийи макул анда. Тынчтык болсо эле болду, - деп телефонун коюп эс ала түштү.

- Мама, атам келеби? - деди Тарас ага жармаша.

- Келет балам, кечинде келет.

- Аа-а, бизди паркка алып барабы?

- Ооба, алып барат.

- Ур-ре!

- Сен жакшы баласың да, ээнбаш болбогун ээ уулум?

- Ооба да, мен жакшы баламын, атам дагы жакшы да.

- Атаң дагы жакшы.

- Сен дагы жакшысың мама, мен экөөңөрдү тең жакшы көрөм.

- Алтыным десе, акылдуум менин.

- Мен акылдуумун ээ?

- Ананчы, сен акылдуу жакшы баласың да, - Уулун эркелетип көпкө отурду Гүлира, өзүнүн кесиби бухгалтер, иш таппай жүрүп катчылыкка отуруп тагдыры бурулганын ойлонуп отурат. Баланын таттуулугу, балдыр тили эбедейин эзип минтип бакытка балкып турганы менен эртеңкиси бүдөмүк эле. Кечке эптеп кирип чыгып күн өткөрдү, уулу экөө тамак жасап ичип, анан идишин жууп, үйүн жыйнайт, бир аз кирин жууп анан колу бош.

- Уулум, - деп алар сыртта отургучта отурганда Талантбек келди.

- Ата-а! - Тарас жетип кучактап калды, - Келдиңби ата?

- Келдим уулум.

- Кеч келет деп ойлодук эле, - Гүлира ага көз кырын сала карады.

- Эрте келдим, абдан чарчадым.

- Үйгө кирели балам.

- Ата, паркка барабызбы? - деп Тарас атасынын колунан быйтыйган колдору менен кармап бара жатып сурады.

- Иш көп уулум, апаң экөөңөр баргыла.

- Апам барбайт экен.

- Эмнеге? - Талантбек Гүлирага карады.

- Жөн эле, - деп коюп эшикти ачып ичкери киришти, көнүмүш адаттарындай эле тамактанып отурушту, баланын көзүнчө ашыкча сөз сурагысы келбеген Гүлира мисирейип отура берди, Тарас тамактанган соң эркелеп ойноп жатып уктап калды, аны жаткырып келип анан чай куйду.

- Гүлүш, мен баарынан уруксат алып келдим, бир гана балдар калды, - деп Талантбек сөз баштады.

- Алар эмне дешээр экен?

- Билбейм, атамдар эки-үч күндө келишет, туугандар чогулуп айтышса көрөбүз да, Жасмин менен Марлес, Даниелдер түшүнүшөт, мен ушу Жазирадан чоочуп турам.

- Эмнеге?

- Ал апасын айтып барган сайын ыйлай берет.

- Энени кантип жамандыкка кыйсын.

- Ошондой, эми бир аз чыдасаң баары ордуна келет жаным, - деп Талантбек ичке белдүү суйкайган жаш келинчегин өзүнө имере тартып өөп койду, - Капалуусуң го?

- Неге, ошондой көрүнүп жатса керек.

- Мейли, сени түшүнөм, аз-аздап бир жаңсыл болуп алсак анан сенин да көңүлүң тынып калат, - Талантбек дароо өткөн өмүрүн эстеп алды, көз ирмемде калган жакшы сааттар адам баласынын эсинен кетмек кайда, Сажира экөөнүн сүйлөшүп жүргөндөгү бактылуу кездери, үйлөнгөндөн кийинки таттуу мүнөттөрү, алгач балалуу болуп тун кызын колуна алып кубанычтуу жылмая эркелегени азыр негедир көз алдына тартылды. Анткени өмүрүндө өзгөрүү болуп экинчи турмушун курганы турбайбы. Кантсе дагы кыз алып жыйырма жылдап ысык-суугун бирге тартышып келген өмүрлүк жубайы эмеспи, жүрөгү зырп эте сайгылашып кетти: "Аттиң, пенденин каалагандай болбойт тура, ала жипти аттабай сүйүүмө кара санабай келдим, арга жок экен да", - деп ойлонуп кеткенде Гүлира анын мойнуна колун орой:

- Эмнени ойлонуп жатасың? - деди назик шыбырай.

- Ойлонгонум жок, сени күтүп жаттым.

- Сагындыңбы мени?

- Айтпа, сагынганда дагы араң чыдадым, - Келинчегин кучактап аймалап кирди, - Ширинсиң да.

- Балаңда дагыбы? - Наздуу шыңк этти Гүлира.

- Экөөңөр тең ширинсиңер, силер болбосоңор эмне болот элем.

- Чын элеби?

- Калп айтып көрбөгөнмүн.

- Мени чындап сүйөсүңбү Талант?

- Ананчы, жанымдан артык сүйөм.

- Кантип ишендиресиң?

- Сен айтсаң ошондой ишендирем.

- Ата-энең эмне деди?

- Макул деди, алар эмне демек эле.

- Таласты билеби?

- Айттым.

- Жакшы, - деп күйөөсүнүн койнунда шайы жууркандын ичинде туйлап жатты, жаш деле, сулуу аялга кандай эркек берилбесин, азыр алар асман аңтарылып үстүлөрүнө түшсө дагы ушул рахаттуу лаззаттан чыккылары жок эле...

Таң ата эрте турган Талантбек бул кабат үйдөгү эки бөлмө үйдөн тажай баштаган эле: "Жер үй эле жакшы тура, үйлөнгөн соң бир чоң үй алып берейин, тигил үйгө Даниел үйлөнсө ал жашайт", - деп ойлонуп турду да эртелеп жумушуна жөнөдү...

Элмара окуп жүрүп Самат менен таанышып калды, ал Сагынайдын агасынын баласы эле, Түрк лицейинде окуп жаткан, Турус менен Маанайдын колунда өскөн, шаарга келип Сагынайдын үйүндө жашап окуп жаткан. Экөө паркта сүйлөшүп отурушкан, Самат ага:

- Эля, жигитиң барбы? - деди.

- Жигитим жок, күйөөм бар.

- Эмне, күйөөгө чыккансыңбы? - Самат ага кызыктай боло карады.

- Эмне экен, чыкпасам да күйөө жигитим бар да.

- Түшүнбөдүм.

- Кудалап коюшкан.

- Ошондой дебейсиңби анан, - Экөө тең күлүп калышты.

- Күйөөгө чыккан экен деп ойлодуңбу?

- Ооба, өзүң күйөөм бар десең анан.

- Чындыгы ошол болсо...

- Жигитиңди сүйөсүңбү?

- Сүйүү деген кандай болот? - Элмара кайра өзүнө суроо узатты:

- Мен деле билбейм, - Самат ойлонуп бир аз турду да, - Сүйүп көргөндөр билсе керек, менимче эки жаштын бири-бирине болгон жакшы көрүүсү го? - деди ийин куушура.

- Мүмкүн, - Ошол тушта Элмаранын телефону чырылдап калды, - Унчукпа, бул күйөө бала, - деди да күлүп коюп телефонун басты, - Алоо угуп жатам, жок-жок, мен үйдө эмесмин, бүгүн жолуга албайм го, анткени менин таенем табылды, - деп өчүнө салып каткырып жиберди, - Мына алдап койдум.

- Качан үйлөнүү тоюңар болот анан?

- Мен окуумду бүткөнчө кое тур дегенмин.

- Ошого болобу?

- Эмнеге болбойт экен, - деп Элмара ишеничтүү айтты.

- Сүйбөсөң кантип жашайсың Элмара?

- Алып кетип жаткан жок го? - Каткырып жиберди, - Балким ага чейин бирөөгө жолугуп калаармын, - деди кайра сумсая түшүп.

- А балким жолуккан чыгаарсың, сезбей жаткандырсың.

- Билбейм, жүрөгүм эч нерсени сезбейт Самат.

- Кокус сенин айтканыңа көнбөй алып кетип калсачы?

- Жок, алып кеткенче жол бербейм, - деп Элмара ордунан турду, - Мен үйгө баруум керек Самат.

- Бир аз отура турсаң эми.

- Отурганда эмне, Тайыр үйгө барып мени текшерип калса ишенбей калат, ал үйгө чалып турат.

- Ошончолук эле катуубу?

- Катуу дегени эмнеси?

- Ала электе текшерип турса алгандан кийин сени үйдөн чыгарбайт го?

- Көрөбүз, эмесе эртеңге чейин.

- Аялдамага мен дагы барам, - Самат кошо басты. Экөө сүйлөшүп аялдамага жетти, Самат кызды улам карап коюп бара жатты, - Эля, эгерде оор болбосо кимдер менен турасың?

- Өзүм эле.

- Аа-а, - деп койду Самат, анткени анын ата-энеси жок экенин угуп ал турсун ага мурас калганын, бир үй-бүлөөдөн жалгыз гана ушул кыз калганын билет.

- Эмнеге сурадың?

- Жөн эле, - Самат ойлуу отургучка отурду, - Кайсыга түшөсүң?

- Эки жүзгө.

- Аа-а, мен дагы, - Ал ушинткенде Элмара күлүп койду.

- Кошуна болсок керек.

- Балким, - Самат да күлдү, аңгыча эки жүз келип экөө түшүп кетти, Самат ага атайын эле калп айтып койгон, анын үйү шаардын четинен алыс эмес Арча-Бешикте, Элмаранын үйүн көрүп алгысы келген болчу.

- Мен келип калдым, - деп Элмара ага карады, - Сен түшпөйсүңбү?

- Жок, мен дагы кийин түшөм.

- Эртеңге чейин.

- Көрүшкөнчө, - Самат жылмая карады, Элмара түшүп калды, Самат артынан түшүп ага байкатпай бара берди, ал көп баспай эле эки кабат салынган үйгө кирип кетти, алыстан караганда эки кабат көрүнгөнү менен үч кабат экен, дарбазасы бийик тосулган короосу анын ичинде эмне болуп жатканын көргөзчүдөй эмес. Адам жашабагандай көрүнгөн бул үйдө үй кызматчы менен Элмара экө гана жашачу, Самат бир саамга үйдү карап туруп артына бурулганда капкара Жип менен бирөө алардын үйүнө токтоду, Самат уурдана карап турса бандитке окшогон муруту бар, кийими фудболисттерге окшогон фудболка менен кепка кийген узун бойлуу жигит түштү, бул Тайыр болчу. Саматтын жүрөгү тыз этип колундагы аялуу буюмун бирөө жулуп алчудай жаман абалда илкий басып кетип бара жатты. Тайыр ичкери кенен кесири эле кирип келчү болгон, Элмара сабактан келип эле диванга жатып алган, Гүлсүндүн тамак ичип ал дегенине карабай ойлонуп жатып: "Самат жакшы бала, Тайыр элитный адамдардын үй-бүлөөсүндө өскөнү менен маданиятсыз жигит, алар чынында менин байлыгыма кызыгып эле кудалашты, неге Талант атам аны түшүнбөдү, кызматта жүрүп жеп ичкен немелер ачкөз болуп калышат тура, мен баласын сүйбөсөм зордоп алып береби, эч качан менин тагдырымды талкалашына жол бербеймин, ансыз дагы ата-энем өлүп алардан жалгыз калып жетим өскөнүм жетишет, өз тагдырымды өзүм чечем", - деп ойлонуп жатканда эшик такылдап калды. Негизи анын бөлмөсүнүн эшигин Гүлсүн апасы гана ушинтчү.

- Кире бериңиз, - деди Элмара Гүлсүн экен деп ойлоп.

- Салам! - деп Тайыр кирип келгенде:

- Си-из? - деп жаткан жеринен тура калды.

- Мен, сени көргүм келди, - колундагы гүлүн ийиле сунду.

- Рахмат, - Элмара көңүлсүз гүлдү алып ары койду.

- Окуу кандай?

- Жакшы.

- Көңүлүң жок го Эля?

- Ооба, башым ооруп турат.

- Менин келгеним жаккан жокпу дейм?

- Андай эмес, өзүм ооруп турам.

- Сыртка чыгып келбейлиби?

- Көңүлүм жок.

- Эмнеге, дайыма мен келгенде ооруп каласың, балким такыр эле мени көргүң келбесе керек Эля? - деп Тайыр кызды ээгинен өйдө көтөрдү.

- Мени туура түшүнүңүз.

- Түшүнүп турам, сен мени сүйбөйсүң.

- Сүйүү үчүн убакыт керек.

- Мен убакытты созбой үйлөнүүнү эртелетишим керек, - деди ал кайра өйдө басып бөлмөдө ары-бери басып, - Эми кайра мени кайтара албайсың, үйлөнүп алгандан кийин деле сүйүп каласың, - деди буйрук бергендей карап, анын ушул азыркы көз карашынан Элмаранын бүткөн бою дүр дей түшүп коркуп кетти.

- Эмнеге? - деди ал коркуп турса дагы кайраттана, - Андай болбойт, мени зордоп үйлөнүүгө эч кимдин акысы жок!

- Менин акым бар, сен менин колуктумсуң.

- Жаңылышасың, өз укугумду коргоого акым бар, Талантбек атамдын көңүлү үчүн гана кудалашууга макул болгонмун.

- Сен үчүн оюнчук болсо мен үчүн намыс, колуктусу карабай коюптур дегенге мен сага эки күндө үйлөнбөсөм Тайыр атым өчсүн! - деди да чыгып кетти, ал чыгаары менен Элмара көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жатып анан телефонун терип Талантбекке чалды, ал кол алдындагыларга жыйын өткөрүп жаткан, өчүрүп койду, айласы кетип үйүнө чалды эле Жазира алды, ага ыйлаган бойдон келип кетүүсүн сурады да өчүрүп койду. Бир сааттай өткөндө Жазира кирип келди:

- Эмне болду Эля?

- Жаман, Тайыр эки күн ичинде үйлөнөм деп кетти.

- Жиндиби, кийин деп сүйлөшүлбөдү беле?

- Ошол, ал мени буюмдай эле алып кетип калгысы бар.

- Коркпо, атама чалдыңбы?

- Албай койду телефонун, - Бышыктап жаткан Элмараны Жазира кучагына кысып чачынан сылады.

- Коркпо, атам аларды токтотот.

- Токтото алабы? - Жаштуу көздөрү менен карады, - Башында эле болбой койгондо болмок, мен Тайырдын көзүнөн корком.

- Коркпо, атама экөөлөп айтабыз, - Жазира ойлоно калып, - Эля, сен башка бирөөнү сүйөсүңбү? - деди.

- Жок, эч кимим жок Жази.

- Анда Тайырга көңүлүң жокпу?

- Эч кандай, такыр көңүлүм жок.

- Капалана бербе, атасы экөө өз бийлигин жүргүзсүн, бирөөнүн тагдырына бийлик кыла албайт, - Эки кыз сүйлөшүп отурганда Гүлсүн баш башты:

- Кыздар тамак даяр.

- Азыр, - деди Элмара, ал кардынын ачканын эми сезди, эч кимиси жоктой жалгызсырап турганда ар дайым ага Жазира жардамга келип сырдашып көңүлүн жубатып турганына ыраазы.

- Эля, мен сага бир нерсе айтайынбы? - Жазира ага күлүмсүрөй карады, көзү күлүңдөй, - Мен бир жигит менен тааныштым, - деди анан.

- Чынбы, сен аны сүйүп калдыңбы?

- Билбейм, бирок биз күндө жолугуп турабыз.

- Сүйөм деп айттыбы?

- Жок, андай сөз боло элек.

- Өзүң сүйүп калсаң кандай жакшы, - деди Элмара ойлуу, анын оюна Самат түштү: "Мен аны сүйүп калган жокмунбу, эмнеге эле оюмдан кетпейт, балким ал мени сүйбөсөчү", - деп ойлонуп кеткенде:

- Эля, эмнени ойлонуп кеттиң? - деп аны ийинге түрттү, - Жүрү кардым ачты, бир нерсе жеп алалы, болбосо ачтан өлчүдөй болуп турам.

- Мен дагы, жүрү эмесе, - деп ордунан турду, экөө тамактанып жатканда Элмаранын кол телефону чырылдап калды, караса Талантбек экен, - Атам, - деп Элмара кубана телефонду кулагына тосту, - Алоо, ооба ата, мен чалганмын, үйгө келе аласызбы, жок-жок жай эле сүйлөшмөкмүн, келип каласызбы, ооба-ооба, - деди да өчүрүп Жазирага кайрылды, - Атам азыр келет.

- Экөөлөп аны көндүрөбүз, керек болсо кудалыктан баш тартыш керек.

- Ошого болобу, атам деле көнбөйт го.

- Көнөт, сени ыйлатып бергиси келбейт да атам деле, - Алар тамактанып алып анан өз бөлмөсүнө кирип күтүп жатышканда Талантбек келип эки кызды өөп эки жагына кучактай отурду:

- Кулагым сенде кызым, - Элмараны карады.

- Ата, Тайыр келип мени күч колдонуп алып кетмекчи.

- Эмнеге, андай болушу мүмкүн эмес.

- Эки күндөн кийин алып кетем деп жатпайбы.

- Коркпо, мен Өмүрбек менен сүйлөшөйүн, жөн эле жула качкыдай жапайы эмес го, - деп Талантбек Элмараны жайгара сүйлөдү.

- Ата, Тайырды тарбиялуу дейсиз, менимче анык жапайыдай көрүнөт, - Жазира атасына кайрылды, - Элмаранын тагдырын ага бекер байладыңыз, бул дагы сиздин эле кызыңыздай го, кийинкисин ойлоңуз, Тайыр чектен чыккан адам.

- Кызым, бирөөгө андай корутунду чыгаруунун өзү тарбиясыздык, билем ал өтө эрке болуп өстү, анткени жалгыз баласы да, каалаганын жасап көнгөн.

- Жо-ок ата, ошондон коркуу керек, ал наркоман ата.

- Кой андай болушу мүмкүн эмес, - Талантбек андан ары уккусу келбеди, туруп чыгып кетти.

- Атамдын көңүлү аларда Жази, балким сүйлөшүп эртелеп берип ийсечи?

- Эч кам санаба, атам андайга барбайт, ал анын кандай экенин билбейт да.

- Жази, сен анын наркоман экенин кайдан билесиң, эгерде калп болсочу?

- Калп эмес, мен аны укканмын.

- Чынбы? - Элмара көзү алая карап калды, - Алар ал күнү бирге жатып алып эртеси сабакка чыгып кетишти. Сабактан чыккандан кийин Самат аны тозо чыкты:

- Салам Эля.

- Салам.

- Окуу кандай?

- Көргөнүңдөй.

- Бир аз баспайлыбы?

- Макул.

- Жигитиң келдиби кечээ?

- Ооба.

- Ишенимине кирген чыгарсың?

- Ошондой.

- Жүр отургучка отуралы.

- Басып эле жүргүм келет.

- Чарчайсың.

- Эля...

- Айта бер.

- Мен сага бир сөз айтсам макулбу?

- Угуп жатам.

- Мен сага үйлөнгүм келет.

- Айтарың ушулбу?

- Ооба.

- Кантип үйлөнөсүң? - Элмара жигитти жалжылдай карады. - Ала качасыңбы Самат?

- Ооба, - Самат дагы күлдү.

- Макул, азыр алып кете бер.

- Чынбы?

- Эмнеге калп айтмак элем, сенби же башкабы мааниси жок, - Элмара ойлуу жер карап бара жатып айтты эле Самат анын алдына тура калды:

- Андай болбойт, мен сен көргөндөн бери сүйөм, бирок сенин күйөөлөгөн жериң бар экенин угуп өзүмдү кармап жүрдүм, кааласаң азыр эжемдин үйүнө алып барайын, таанышып келесиң, - деди жалдырай, кыз үнсүз аны карап турду.

- Чын айтасыңбы?

- Ооба, чын сөзүм.

- А мен сени сүйбөсөмчү?

- Мен сүйсөм болду, а сен акырындап сүйүп кетесиң.

- Сүйдүрө аласыңбы? - Күлүмсүрөй карады.

- Сүйдүрөм, эмне мен кыз сүйө турган жигит эмесминби?

- Андай эмес, балким менин өзүмдү эмес байлыгымды сүйөттүрсүң? - Сынай карады.

- А мен сенин байлыгың бар экенин билбейт экенмин, - Самат аргасыз калп айтты, атпесе терс айланып кетиши мүмкүн эле, өзү чын дилинен сүйүп калган эле.

- Андай болсо мен жөнүндө толук билгениңди каалайм, адегенде өзүңдүн ата-энең жөнүндө айтып берчи, - деди Элмара мостойгон калыбынан жазбай:

- Жарайт, ата-энем бар, эки кыз, эки уулдун улуусумун, ата-энемдин байлыгы өзүнө жетет, мен өзүм иштеп табам деген ойдомун, ар бир эркек үй-бүлөөсүн багып, ата-эненин эмгегин актоого тийиш.

- Азамат, мен сүйчү жигит экенсиң, - деди Элмара дагы деле суз.

- Эля, мен сени өмүр бою сүйүп өтөм, албетте кудай мага канча өмүр берсе, ал жараткандын иши эмеспи, кирпигим кыбырап ийнимде башым, буту-колум кыбырап турганда сени эч нерседен кор кылбаска аракет кылам.

- Ойлонуп көрөйүн Самат, мени кыйнай көрбө, менин эрким өзүмдө эмес,

- Макул, бирок эжемдердикине барууга каршы болбо.

- Жарайт кеттик, - Элмара күлүмсүрөй карап колун сунду, - Мен макулмун.

- Кеттик, - Экөө кубанычтуу кол кармаша жөнөп жүз кырк сегизинчи маршруткага түшүштү.

- Сен мага кошуна эмес белең? - деди күлүп Элмара.

- Ошондой болчу, эми бул жакта, - Экөө аста күлүп бирге отурушту, Сагынай үйүндө болчу, Саматтын кызын ээрчитип келээрин билген эмес, дал ошол күнү Саматтын ата-энеси дагы келип аларды сыйламак болуп жаткан. Сырттан кирип келе жаткан инисин көрүп жанындагы кызга көзү түштү.

- Кел Самат, - деп карап калганда шашкалактаган Самат.

- Эже, мен сизге конок алып келдим, - деди.

- Үйгө киргиле, жайланышып алгандан кийин таанышабыз, - Сагынай жылмая ичкери жакка колун жаңсады, - Кир кирге гой кызым.

- Саламатсызбы? - Элмара ыңгайсыздана ичке кирип келе жатты, Самат кирип келе жатып ата-энесин көрүп тык токтой калды, ал күткөн эмес эле: "Телефон чалып койбой келип калышканын", - деп ойлогуча Элмара артынан кирди.

- Самат, - деп апасы туруп келип уулун өөп учурашып калды.

- Уулум, окууларың жакшыбы? - Болот дагы туруп келди.

- Качан келдиңиздер, айтып койбойт белеңиздер? - Самат ыңгайсыздана кызарып кетти, - Ата, апа бул Элмара, таанышып коюңуздар.

- Саламатсыздарбы? - Элмара алар менен баш ийкей учурашты.

- Келе гой кызым, Саматымдын курсташы болсоң керек? - деп Жамбы кызга мээримдүү карап уулун карады, - Өйдө өткүлө балдар, - деп жайланышып отурушту, Элмара жерге отуруп көнбөгөнгө тизээлеп отуруп калды, бирок Болот менен Жамбы ага жагып турду: "Ата-энемди жашымда жоготуп кандай экенин дагы билбей калдым, Самат кандай бактылуу, ушундай жакшы ата-энеси бар экен. Мен бул адамдарга сөзсүз жакшы келин болуп берем, Тайырга барганча Саматка тийгеним жакшы", - деп дагы ойлонуп ийди. Сагынайдын кызматчысы тамак-ашын жайнатып алып келди, чогуу отуруп ичип отурушканда Болот Элмарага кайрылды:

- Кызым. Каерлик болосуң?

- Кеминден болом, ата-энем Чүйдө жашашчу.

- Азыр кайда?

- Жок...

- Ата. Тамак ичкенче кое турсаңыз, - деп сөздү бөлдү Самат.

- Самат, сураса эмне болмок эле? - Элмара уялып кетти, - Менин ата-энем беш жашымда бирөөлөрдүн колунан өлгөн, - деди анан.

- Аа-а, жанагы бир чоң базардын ээсин үй-бүлөсү менен өлтүрүп кеткенин уктум эле ошолбу? - деди Болот, - Капа болбо кызым, байкабай сурап алдым.

- Эчтеке эмес, ким да болсо сурайт го... Ата-эненин мээримин көрбөй өстүм.

- Кайда окуйсуң кызым? - деди Жамбы.

- Врач болом апа, - деп Элмара атайын эле апа деп күлүмсүрөй карады.

- Жакшы айланайын, кудай өмүрүңдү узун кылсын.

- Рахмат.

- Адам болгула кызым, ата-энени карманып жүргөн ким бар, төрөлгөндө эле ар бир адамдын тагдыры пешенесине жазылып түшөт тура, - деп Болот кыздын көңүлү чөгө түшкөнүн байкап көп сөздөрдү айтып отурду, көптөн кийин Самат Элмараны узатып коюп кайра келди. Болот аны карап:

- Уулум, сен бул кызды кайдан тааныйсың? - деди.

- Эмне болду ата?

- Этият бол, мен бул жөнүндө укканмын, бул кызда толтура байлык бар имиш, сенин шынарлаганыңд байкаган бирөө зыян кылып жүрбөсүн?

- Эмнеге зыян кылмак эле?

- Сен билбеген көп нерсе бар, бул кызды багып өстүргөн адамдын оюн билүү кыйын, анткени ал өлгөн адамдын тааныш чоңдору көп болуу керек, алар кыздын байлыгы үчүн дагы жөн коюшпайт, - деди уулун карап.

- Мен Элмараны сүйөм ата, анын байлагын эмес өзүн сүйөм.

- Сүйгөн бир башка, байлык деген бир башка, миллиондордун ээси, ошол кезде өлтүргөндөр үйүнөн алтын менен бир аз эле акча тапкан экен, үйүнө акча койбой банкка салчу имиш, ошонун баарын кызы он сегизге чыкканча эч кимге бербей бир агасы кызын багып калды деп укканмын.

- Мага баары бир, бирок ата аны жакын арада алып кетиш керек, - деп Самат ата-энесин карады.

- Эмне?

- Ыя?

- Анткени аны өзү сүйбөгөн бирөөгө бергени жатат.

- Ким? - деди Болот.

- Ошол баккан атасы.

- Киришпе, андай болсо ал кыздан алыс бол.

- Мен Элмараны көрүп туруп азапка түшүшүн каалабайм ата.

- Жок балам, ал кызды биздин кулагыбызга угузба, - деди Жамбы.

- Баятан бери сөзүңөргө киришпедим аке, - Сагынай сөзгө кошулду, - Кыз мага жакты, экөө бири-бирин жактырса каршы болбогула.

- Болбойт Сагынай, анын арты жаман болот, байлыгы үчүн алды деген сөз илээшет, андан көрө үйлөнгүң эле келсе башка кызга үйлөн, - Болот таптакыр каршы туруп алды, ал анткени чиновниктердин кызыл акчаны көргөндө артынан тоголонуп бей-бечаранын акысын жеп-ичип, чет өлкөлөрдөн жардамга келген миллиондорду өз чөнтөктөрүнө тыгып жатканын жакшы билет эмеспи, андай миллиондордун ээси болгон кызды алар көз жаздымдан калтырмак эмес.

- Аке, болбойт минткениңер, кыз Саматты сүйсө анда сөзсүз үйлөнтүш керек.

- Мен андан башкага үйлөнбөйм.

- Коркпо иним, сени дал ушул үйгө мен үйлөнтөм, - Сагынай ушинткенде Самат кубанып кетти.

- Чын элеби?

- Ооба, ошол базар ээси тааныган чоңдорду мен дагы тааныйм, анда бар дүнүйө бизде дагы бар, мыйзамдуу түрдө кыздан гана жооп алсак башкасынан кам санаба.

- Эжем менин, мен анда эрте- эле Элмарага айтам.

- Эмне деп? - Болот менен Жамбы жарыша сурашты.

- Алып кетем деп, анткени ал коркуп араң жүрөт.

- Кимден? - дешти дагы жарыша.

- Кудалаган кишинин баласынан, атасы өкмөттө иштейт экен.

- Ай бала, от менен ойнобосоңчу.

- Оюңдан кайра тарт уулум, алардын укуругу узун, - деп ата-энеси айтканга болбой туруп алды, акыры Болот аялы экөө келин алганга камынмак болуп бир жумадан кийин алып бара бер дешти да айылга жөнөштү. Бул убакта Элмара өзүнчө бактылуу болуп кыялданып жатты: "Мен эненин мээримин көргөнүм жок, элес-булак гана эсимде калды, ошол кездеги бактылуу көз ирмемдердин эсимде калганы туулган күнүмдө торт кестирип атам экөө эки жагымдан эжем менен агам бетимден өөп куттуктаганы көз алдымда, кандай гана бактылуу үй-бүлөө элек, таш талканы чыкты, эми мен Саматтын апасын бир көрүп эле мээримине жылындым, өз энемдей сезип кеттим, Тайырдын апасы мага жаккан эмес, алар мансап менен байлыкка көздөрү тумандаган немелер экенин көрүнүп турат", - деп ойлонуп жатып Талантбекке чалды.

- Ало, ата мен машина алсам дедим эле, ооба сиз айткандай болсун, макул сизди күтөм, - деди да кубанычтуу жылмайып алды.

- Эля, чайыңды ичип ал кызым, - деди Гүлсүн баш багып.

- Макул апа, - деп үнүн чыгара шайырлана чыга келип аны кучактап калды, - Гүлсүн апа, сиз сүйүп көрдүңүз беле?

- Тентек кыз десе, сүйбөй анан мен дагы жаш эрке кыз болгонмун, - Гүлсүн күлө карады, - Бу сенин жүрөгүңө чок салган кандай бактылуу жигит болду экен?

- Билбейм Гүлсүн апа, бирок жүрөгүм бир нерсени сезип турат, сүйүүбү же жөн эле кыялбы билбейм, - Элмара Гүлсүндү кое берип ашкананын терезесинен тээ алыска көз жүгүрттү, - Неге мен бул татаал тагдырга туш болдум, азыр мени менен сырдашканга эжем болсо кана, же агам аман калса жалгызсырабайт элем го? - Көз жашы жүзү ылдый куюлуп жатты:

- Каргадайым десе, кайгыра бербе. Көлөкөм, эми сен бой жеттиң, бирөөгө жар, балага эне болосуң, элиңди табасың кызым.

- Ошого жетемби Гүлсүн апа?

- Бул эмне дегениң кызым?

- Тайыр алып кетип калса эмне кылам? - Арга издегендей суроолуу карады, Гүлсүн эмне кыла алмак, ал болгону жылуу сөз менен жубаткандан башка колунан эмне келмек.

- Кантип алып кетсин кызым. Талантбек жакшы адам, сени андай жол менен бербейт, - деп чачынан сылап өзүнүн башынан өткөнүн саамга эстеп көз алдына келтире телмире туруп калды, кудум эле кечээ өткөндөй...

Гүлсүндүн атасы Жумабек бала көрбөй жүрүп үчүнчү никесинен бир уул, бир кыздуу болгон, уулу жетиге чыкканда аттан жыгылып өлүп калып Гүлсүндүн көзүн карап калышкан эле, апасы Бүбайым чыр эткен үнү чыкса жүрөгү болк этип, ойноп жүрсө дагы жанында кошо жүрүп чоңойтту. Убакыт өтүп чоңоюп бойго жетти окууну бүткөндө Жумабек:

- Кызымды чоң окууга окутам, дарыгер болот, - деп мал сатып шаарга жөнөттү, Бүбайым ыйлап:

- Бизден алыс кандай болоор экен, - дегенде Жумабек өзүнүн ичи ачышып турса дагы кайраттана кемпирин тыйды.

- Кой кемпир, кызым эл көрүп, жер көрүп билим алсын, экөөбүздүн канчалык жашообуз калганы белгисиз, өзүнчө жашоого үйрөнсүн.

- Жалгызым атасы тааныбаган жерде кантет атасы?

- Кабатыр болбо, кызым чоң доктур болуп айылга келсе көрөсүң, - деп атасы өзүнчө мулуңдап алды. Бирок Гүлсүн Фрунзеге барып окууга тапшырып өтпөй калып кыздар менен кошулуп фабрикага иштеп жүрүп таластык жигит алып качып кетти, Жумабек кызын окуп адам болот деп жүргөндө кудалары барды кулдук уруп, аргасыз кудаларын тозуп, кайра кубалап барып отуруп калышты. Гүлсүндүн күйөөсү кызыл камчы, кайненеси ажаан чыкты. Баргандан баштап жаман сөз ууктурса, күйөөсүнүн таягынан көзү көгала болуп денесинен жарык кетпеди. Анысы аз келгенсип боюна да болбоду, акыры эки жыл зорго чыдап качып кетип кутулду. Жумабектин эшигине күйөөсү келе берип акыры тажаганда келбей калды. Күйөөдөн чыкканына элден уялып жүрүп өздөрүнүн айылынан Атабектин сүйүп калды, ал дүкөнчү болчу. Аялы бир баласы бар болчу. Гүлсүн дүкөнгө жумушу болбосо деле кээде бара берет, бир жолу ал киргенде бош отурган Атабек:

- Күлсүн, күйөөңдөн ажыраштыңбы? - деди көңүл бура.

- Ага эмнеге кызыктыңыз? - Гүлсүн жактырбай бурула берди.

- Кызыкканым жок, жөн сурадым да.

- Сурабай койгонуңуз жөн.

- Гүлсүн, - деди анан Атабек, - Бир сөз айтсам болобу?

- Кандай сөз? - Гүлсүн аны томсоро карады.

- Мен сени көптөн бери жактырып жүрөм.

- Күйөөдөн чыкты деп эрмектегиңиз барбы? - Ызалана карады.

- Жок-жок, сен мени туура эмес түшүнүп алдың.

- Башка кандай сөз болушу мүмкүн, - Дал ушул кезде дүкөнгө кардар кирип калып сөз үзүлдү да Гүлсүн алганын көтөр чыгып кетти, бирок анын жүрөгүндө бир үмүт пайда болду, балким өзү жакшы көрүп калганга болсо керек, анын үй-бүлөөсү барын да унута көргүсү келе берчү болду. Баары бир жүрөк каалоосу ички сезими менен бирге түбөлүккө ачыкка чыкпасын билип түнкүсүн ыйлап чыкчу болду, ал атасынын үмүтүн актай албаганы аз келгенсип жаманатты кылгысы келбеди, Жумабек бир жылдан кийин ата-энеси жок жетим балага берип жиберди, ал күч күйөө болуп кирип келди, Гүлсүн аны сүйбөсө дагы ата-энесин капа кылбас үчүн жашап калды, бирок Жеңишбек дагы ичкич, кызыл камчы болуп чыкты. Беш-алты жылдан киийн Жумабек от дүйнө салды, андан эки жыл өткөндө Бүбайым көз жумду. Ошондо Гүлсүн өзүн эң бактысыз сезди, же бала көрбөдү, Жеңишбек биртике малын ичип карыздарына берип эчтекеси калбады, ичп келгенде ур токмоктун алдында калып коңшунукуна качып зорго кутулат. Ошентип жүрүп Жеңишбек ичкиликти кубалап ичип жүрүп бир кышта түндөсү жолдо калып тоңуп өлдү, ошентип Гүлсүндүн тагдыры тетирисинен кетип жесир калды, бир үйдө жалгыз жашап жүргөндө жээрге тамак же эчтекеси жок болуп Атабекке карызга барып алып жүрдү. Ал аны чын сүйгөн экен карыз эмес атайын эт-аш дагы берип турат. Бир күнү дүкөнгө кирсе майда азык-түлүккө кошуп кат жазып колуна карматты, үйүнө келип ачып окуй баштады: "Гүлсүн, сенин акыбалыңды көрүп эле турам, мен сени башынан эле сүйчүмүн, бирок мен аскерде жүргөндө сен турмушка чыгып кетипсиң, мен сенден айрылып кала бердим. Тагдыр экен үйлөнүп калдым, аттиң бир аз күткөнүмдө сен кайрылып келип калмак экенсиң, ата-энем үйлөн деп туруп алды... Мен сени дагы да сүйөм, канткенде сенин жашооңо жардам берээримди билбейм. Менин минткеним сага оор тийээр, бирок менин сен үчүн баарын кылаарымды түшүн, кам санаба Гүлсүн, сен менин жүрөгүмдө түбөлүккө сактаар ыйык тумарымсың", - дептир Атабек. Гүлсүн буркурап жатты: "Жанымда турган бактымды башка жактан издеп эмне таптым, көрсө бакыт деген өзүңө көрүнбөй жашынмак ойноп ар кандай кылып калчайт тура, жо-ок мен Атабекти алагды кылып үй-бүлөөсүнө жеткирбей бул жерден кетейин, эл деген эл эмеспи, ушакка илинбей көздөн далдаа болгонум жакшы", - деп ойлонуп ата-энесинен калган үйдөгү шфонери менен күзгүсүн сатып шаарга келе берген, анда жашыраак болчу, эми элүүдөн ашкан кези, үй жайы ээнсиреп калганын ойлогондо ичи ачышып кетет, же жыйнаган акчасы жок, Талантбек ушул үйгө алып келгенден бери бир топ акча жыйнап алды, бирок ал да Элмараны өз кызындай көрүп таштай албай келе жатат: "Үйгө барганда жалгыз кантем, үңкүйүп отурганым болбосо мага ким келет, жок дегенде бир бала багып алсам кана, карыганда эрмек болоор беле", - деп улутунуп ийди. Талантбек шашып кирип келди:

- Эля кызым, зарыл иштеримди таштап келдим, эмне дедиң мага?

- Ата, машина айдагым келет, - деди Элмара күлүп.

- Ошол элеби кызым, - Талантбек анын жанына келип чачынан сылап чекесинен өптү, - Туулган күнүңө канча калды?

- Бир ай.

- Оо, анда сен сабактан кийин Автошколго барганды унутпа, мен чалып сүйлөшүп коем, - деп көзүн ала кача босого тарапка басты, - Менин иштерим бар кызым, сүйлөштүк да ээ?

- Сүйлөштүк, - деп Элмара аны кучактап өөп узатты.

- Тентек, - деген бойдон чыгып кетти, кыз кубана секирип алды, бирок баардык эле пенделер сыяктуу эртең эмне болоорун билбеди, дал ушул маалда торго түшкөн чымчыктай тырпырап ар кимге жалынып-жалбарып кое беришин суранып көз жашын көлдөтүп отураарын сезбеди, болгону каалаганы аткарылып жүрөгү каалаган жигит менен кол кармашып түбөлүк бирге болоорун элестетип көз ирмемге бактылуу болуп жатты.

Улам сабагын окур отуруп көз алдына Саматты келтире: "Мен дагы сени сүйөм деп айта албадым Самат, сөзсүз эми жолукканда айтам, ошондо сени кубантып өзүм дагы кубанып бактылуу бак аралап кол кармашып кыз-жигит болуп басабыз. Мен сенин ата-энеңди өз ата-энемдей кабыл алам көрөсүң го, алар мага жагып калды, аларга дагы жактым деп ойлойм, каршы болбой турганын дагы билип турам", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Таң ата ойгонуп сабактан кечигип калганын билди да наар сызбай кийинип жолго чыкты. Негедир үйдөн чыгаарында жүрөгү болк этип бир нерсени сезгендей үйүн бир карап алды. Шашылып аялдамага бара жатты: "Машинам болсо тез эле жетип алмакмын, Самат бүгүн мага келеби, сөзсүз ага сүйөөрүмдү айтам", - деп ойлонуп маршрутка күтүп турганда аны элдин көзүнчө эле эки жигит колтуктай калып күч менен машинага салды да зуу этти, кыздын кыйкырып-бакырганын угуп дагы койбоду, ошентип аны өзгөчө кооздолуп, азыркы типте салынган үч кабат заңгыраган үйгө алып келди. Киргенде эле топураган элдин арасынан мисирейип турган, көз карашы муздак Тайырдын апасы көрүндү.

- Айла-анайын десе, кыз баланы ушинтип эле алып келет, өзүңдүн эле кудай кошуп буйруган Тайырыңа келдиң, - деп бир улгайган кемпир жоолугун көтөрүп келе жатканда Элмара бакырып кое берди:

- Эч кандай Тайырым эмес, кое бергиле жапайылар, мен ага тийбейм!

- Кой кызым, жаман жерге келген жоксуң.

- Жеринин кереги жок, мага адам сымал жырткыч эмес адамдар керек, отурбайм эч качан! - деп жоолукту алып ыргытып жибергенде Өмүрбектин аялы Нагима мисирээ басып келди:

- Сен бактыңды адам сымал айбандардын арасынан издедиң беле, бизди эл кудайындай көрөт, эгерде Тайырым мени сүйүп калбаганда босогомду аттатмак эмесмин! - деди да, - Жоолукту салгыла кайда барат экен, мүрзөдөй болгон үйүн сагынып жатыптырбы, - деди эле Элмара ызадан мууна сүйлөй албай жашын көлдөтүп:

- Мына бул үйгө караганда менин үйүм куттуу үй, салбагыла жоолугуңарды, мен бул аялда баласы экөөнү тең көргүм келбейт! - деп жоолук алып келе жаткан аялды түртүп жиберди, ошол учурда Талантбек кирип келип аны бооруна кысып туруп калды.

- Нагима, сөзүбүз мындай эмес эле го? - деди ага карап.

- Сур жыландай немең баламды арбап алса айла канча, менин оюма койсо ушул кызды уулумдун жанына жолотпос элем, деги бул үйгө жакшылык алып келээрин кудай билет? - дегенде Талантбектин ачуусу келип кетти:

- Нагима! - Элмараны кучактаган бойдон босогону көздөй басты, - Мен сени жакшы аял деп жүрсө анык сур жылан сен экенсиң, баш алган үй-бүлө сендей болобу? - деп чыгып бара жатканда Өмүрбек келип калды:

- Таке-Таке бир ачууңду мага бер, келинимди үйдөн алып чыкпа, - деп кармап калды.

- Өмүрбек. Силердей дагы келин алабы, мен мындайга чыдай албайм, ата-арбактын алдындагы парзым ушул кызды бактылуу кылуу, минтип аялың айтпаганды айтып жатат, - деп Талантбек болбой туруп алды.

- Досум, эл караган жүзүбүздү жер каратпа, үйдөн алып кетсең шерменде болобуз, душманым көп, өзүң билесиң, күнөө баладан кетти, убада боюнча дагы эки жылдан кийин алмак элек, - деп Өмүрбек Артыкович өз кадырын салып жатып Талантбекти жибите баштаганда Элмара:

- Сиз убара болбоңуз, мен баары бир балаңызга чыкпайм, ата мени биерге таштасаңыз өзүмдү-өзүм өлтүрөм, - деди тилин тартпай.

- Кой кызым андай дебе, Тайыр биздин жападан жалгыз балабыз, - деди Өмүрбек Элмараны жоошута сүйлөп.

- Аялыңыздын эмне дегенин билесизби, менин жетимдигимди үйүнө кире электе эсиме салып отурат, эгерде биерде калсам эртең эле күң кылып жумшап жетимдигимди маңдайыма жазып илип коет, - Элмара тартынбай айтты эле Өмүрбек жер карап калды, ал аялынын сырын билет, ачуусу келгенин билгизбей күлгөн болду:

- Кечирип кой кызым, отурбай жатканыңда айтса керек.

- Өмүрбек, мен Эляны азыр алып кетейин, сөз-сөз бойдон калсын, бул бойдон азыр кызымды таштай албайм, силер да кеңешкиле, - деп Талантбек Элмараны алып чыгып кетти, Өмүрбек ачуусу келип уятынан унчукпай кала берди, ар намысы бийлеп аялына чыкты, дагы жакшы коңшу-колоңу эмес туугандары эле болчу, Нагима өзү Өмүрбекке дагы айтпай баласынын тили менен болуп койгон эле.

- Нагима! - деди ал ачуулу, - Сенин бул эмне кылганың ыя?

- Эмне кылдым?

- Сен куруп кал, үйгө келе электе анын жетимдигине эмнеге асыласың?

- Өз акыбалын билбей тейтеңдеп жинге тийсе айтам да.

- Акылың жок, акыбалы эмне болуптур?

- Жетимдигин билип туруп сетиреңдеп жатса...

- Бас жаагыңды, эми ал кызды балаңа алып бербейбиз! - деди да үйүнөн ачуулу чыгып кетти.

- Мага ошонусу жакшы, - деп Нагима кала берди, анан телефон чырылдап калды эле трубканы алып, - Алоо, аа-а сенсиңби Жаңыл, ооба-ооба, алып келгенбиз, эч кимге айта көрбө, кыз эмес экен, анан балам ачуусу келип жеткирип койду, ошо да тескеп тураар эч ким болбосо бузулат да, ха-ха алда качан эле бузулуп калыптыр да, уулума чекесинен энеси өппөгөн кыздар толуп жатат, - деп каткырып жатканда Тайыр кирип келди:

- Эмне деп жатасыз мама, Эляга жаман сөз тийгизбе, мен андан башкага үйлөнбөйм, ушуну билип коюңуз! - деп чыгып кетип калды...

Элмараны үйгө алып келип жанына Жазираны койду да Сажиранын врачы телефон чалганынан шашылыш жөнөп кети. Апасы жанында экен, Сажира ошол күнү дүйнө салыптыр, алып келип ызаат-сый менен жерге берип эки-үч күндөп үйүнөн чыга албай калды. Элмара дагы ошол жерде болуп жатты, ал көлөкөсүнөн дагы коркуп калган эле, Өмүрбек таарынганбы батага дагы келбеди, башка төбөсү көрүнгөн дос-жоролору келип көңүлүн сурап жатты...

Самат Элмаранын окуусуна да келбегенин угуп кабатыр болуп үйүнө келип алыстан карап эки жолу кетип калды, үчүнчү күнү дарбазаны такылдатты эле:

- Ким? - деген аялдын үнү угулду.

- Ачып коесузбу? - деди Самат.

- Ким керек эле? - Гүлсүн эшикти ачып Саматты карап жооп күттү.

- Эляны сурайын дедим эле, ал бир жумадан бери сабакка бара элек.

- Аа-а ала азыр үйдө жок уулум, келсе эмне деп коеюн?

- Самат издеп келди десеңиз жетет, - деди Самат жылмая, - Муну берип коесузбу?

- Макул балам, айтып коем, - деп жылдыздуу жигитти узата карап калды, ал кеткенден бир аздан кийин эле таланттын айдоочусу Элмараны жеткирип келди, кабагы карыш түшүп көздөрү шишиген Элмара Гүлсүн менен учурашып эле кирип кетти, аздан кийин артынан кирди:

- Гүлсүн апа, менин эчтекеге көңүлүм жок, - деди анын келе жатканын билген Элмара.

- Эля, кызым бул катты Самат деген жигит берип кетти, - дегенде анын кабагы жарк эте түштү:

- Качан келди?

- Жанараак келип кетти.

- Рахмат, - Элмара катты колуна алып Гүлсүндү өөп койду, - Бара бериңиз.

- Макул кызым, - Гүлсүн артына кайрылып кетип бара жатып, - Бечарам ай, деги багың ачылса экен, тагдырдын таштак жолуна ташыркабай өз жолуңду тапсаң болду, - деп күбүрөнүп алды. Элмара катты ачып караса: "Эля, сени аябай сагындым, неге көрүнбөй калдың, же менден качтыңбы, ата-энем даярданып алып бизди күтүп жатышат, эгерде менин сүйүүмө ишенсең жообун телефон аркылуу айт, көңүлүң болбосо сени кыстабайм, бирок окуудан биротоло кетем". Сени жан дили менен сүйгөн Саматбек. 2006-жыл, октябрь", - деп коюптур, телефон номерин телмире карап туруп: "Өзүм каалабаган адамга кор болгончо өзүмө жаккан адамдын жан шериги болгонум жакшы эмеспи, сүйбөгөн адамга барганча сүйүүнүн кулу боломун, ансыз дагы кузгунга жем болгону турам", - деп ойлоду да телефонун алып терип кулагына тосту:

- Алоо, угуп жатам, макул самат, азыр өзүң эле үйгө келип кал, - деп өчүрүп Гүлсүнгө барды, - Гүлсүн апа, конок келет, бирдеме жасай салыңызчы.

- Болуптур кызым, - деп Гүлсүн баш ийкеди, жүрөгү кубанычка толуп, өзүнчө толкунданып жатты, аттиң жаш жүрөктөр бири-бирин көздөй далбастап келечек тагдырларын кошкон жатканда кандай гана толкунданбайт. Самат дагы колуна гүлдү алып шашылганынан таксиге отуруп жетип келди, дарбаза ачылганда эле бажырайган гүлдү кучактап кирип келди:

- Кандайсың Эля?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жайында, бир гана сени таппай убарамын.

- Кир үйгө, - деп Элмара Саматты колунан алып үйгө жетелеп кирди, отуруп жайланандан кийин, - самат, мен сага жаман кабар айтам, - деди сумсая.

- Кандай?!

- Мени Тайыр ала качып кетти.

- Эмне? - Самат түшүнбөй карап калды.

- Ошо, мени арам ой менен алып качты, - деп болгонун айтып берди, - Балким сен эми мени карабай кетээрсиң?

- Эмнеге, сен отурган жоксуң да туурабы?

- Ооба, бирок эшик аттап келгенди туура кабыл албайт экен го элдер.

- Анын эмнеси бар, мен сени сүйөм Эля, макул десең азыр эжеме чалам, айылга дароо кетебиз, ансыз дагы күтүп жатышат, - деп Самат кыздын колунан кармай көздөрүнө карады, - Мейли мени сүй деп кыйнабайм, мен өз сүйгөнүмө жетсем өзүмдү бактылуу деп сезем Эля.

- Самат, - Элмара күлүмсүрөй ага карады, - Мен, мен дагы сени сүйөм!

- Чынбы Эля? - деген Самат тура калып кызды көтөрүп айлан көчөк кылып тегеретип жатты, - Кана дагы айтып койчу?

- Мен се-ени сүйө-өм! - Элмара чалкалай күлүп кыткылыктап айта берди, - Сама-ат, мен сени сүйөм!

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм Эля! - Экөнүн үндөрүн угуп жаткан Гүлсүн өзүнчө жылмайып: "Бактылуу бол кызым, өзүмө кудай бала бербеди, туубасам дагы сен караан кылып жашап келе жатам, багың ачылса экен, көз жашың төгүлбөсүн кызым", - деп ойлонуп отуруп тамагын даярдап аларды чакырды. Экөө тамактанып жатып сөздөрү түгөнбөй жатты, Самат ошол күнү кеч келди, аны күтүп жаткан Сагынай ичкери кирээри менен суракка алды эле ал баарын айтып берди. Эртеси эрте туруп ата-энесине чалды да болжолдогон жерден Элмраны салып алып жөнөштү. Болот туугандарын, ата-энесин чакырып күтүп жаткан эле, келин келди дегенде жарданып чыга калышты. Жамбы чын ниетинен кубанып кайненеси Жамалга жоолук салдырды, ак батасын берип тун небересинин келинчегин көрүп ата-эне жетине албай жатышты. Талантка бул кабар кол телефон аркылуу жеткенде: "Кызды зордоп ала качсаңар жооп бересиңер, кана мага кызды сүйлөштүргүлө", - дегенде Элмара: "Ата, мени кечирип коюңуз, мен өз каалоом менен келдим", - дегенде Талантбек башка сөз айта албай: "Бактылуу бол кызым", - деди да өчүрө салды. Эртеси кубалап келишти, Жасмин күйөөсү менен Марлес аялы экөө, башка эч ким жок болчу, аларды сыйлап кийит кийгизип, алдына он беш миң сом коюп жөнөтүштү. Ошентип алар бир жума туруп окууларына бармак болуп жатканда күүгүмдө алардын үйүнө бир кара машина токтоп Саматты чакыртты. Элмара алыстан эле машинасын көрүп таанып:

- Самат чыкпай эле кой, мен азыр атама чалам, атам Өмүрбек Артыковичке чалса баласын тыят, - деп калтырай телефонун чалып кирди, Самат андан коркподу, бирок ачуу менен ортодо бир балээ чыгып кетпесин деп Элмараны укту.

- Коркок деп калат го Эля, - деди көптөн кийин.

- Айта берсин, сенден корком Самат, быйыл окууну токтотуп койсокчу?

- Эмнеге?

- Ал маньяк тынчтык бербейт.

- Коркпо, акыры унутат да, - деп сүйлөшүп далдоодон карап турганда унаа катуу от алып ызылдай ордунан жылды.

- Өөх, - деп алды Элмара, - Кетти.

- Коркогум десе, мага капаланган жоксуңбу?

- Эмнеге?

- Балким коркок деп ойлонуп калдыңбы?

- Ой жо-ок, - Элмара эркелеп мойнуна асылды, экөө эркелешип жатып калды, Самат тагдырына ыраазы боло келинчегин кучактап өөп:

- Жаным, меники болгонуңа ишенбей турам, - деди.

- Эмне үчүн?

- Сени сүйбөйт деп ойлогонмун.

- Чын элеби, мен дагы сени ошондой ойлогонмун.

- Алтыным, жалгызым менин.

- Менин дагы жалгызымсың, - Экөө кучакташып оонай кетишти, бул жашоодо эрди-аял же жаш жубайлар үчүн төшөк ичиндеги рахаттан өткөн бакыт барбы, эки жаш тагдырларына ыраазы болуп турушкан. Болот менен Жамбы аларды окуусунан калбасын деп даярданып жатышканда Талантбек телефон чалып калды, Элмара ала койсо:

- Эля кызым, акыбалың кандай? - деди кабатырланган үн менен, кадимкидей сары санаа болуп тургандай:

- Ата, баары жакшы, сизге ыраазымын.

- Кызым окууңдан кабатыр болбо, Самат экөөңөрдү тең сүйлөшүп койдум, келерки жылы окууңарды Лондондон улантасыңар, - дегенде Элмара кубана кыйкырып жиберди.

- Чын элеби, ур-ре, рахмат ата!

- Кызым, өзүңдү кара, жакшы жүр, окууңдан кабатыр болбогула, жарайбы кызым?

- Макул ата, рахмат сизге ата, жакшы туруңуз, Жази окуп жатабы?

- Ооба окуп жатат, жакында сага барып келет го кызым, макул анда аман бол, - деп телефонду өчүрдү.

- Эмне болду балам, кубанып калдың? - деди Жамбы келинине кайрыла.

- Атам окууңарга келбей эле койгула деди, келерки жылы Самат экөөбүздү тең Лондонго жибергенге сүйлөшүп коюптур, - Күлүңдөй карады, оюнда кубанышат деп ойлогон.

- Койчу? - Жамбы күйөөсүн карады.

- Мейли, жакшы болот, - деди Болот.

- Ырас элеби? - Самат кубанып кетти.

- Балам, бөтөн эл, бөтөн жерге кантип бармак элеңер? - Жамбы кабатырлана карады, - Өзүбүздүн эле жерден окусаңар болбойт беле?

- Жамбы, балдарга мүмкүнчүлүк бериш керек, азыр чет өлкөдө канчалаган балдар кыздар окуп жатышпайбы, - Болот макулдугун берип турду.

- Корком Болот, балдар жаш болсо...

- Көнөт, билими жакшы болот, эл жер көрөт, - Ошону менен сөздөрү бүтүп унчукпай калышты, Элмара үй ичин жыйнаганды анча билчү эмес, тамак-аш жасаганды да өздөштүрө албай жүрдү, идиш-аяк жууганда кээде сындырып алат, ошондо Самат ага жардамга келет, аны байкаган Жамбы өзү ага үйрөтүп, жакшы айтып турат. Бир күнү түшкү тамакты жасамак болуп казанга май куйгандан кийин ойлонуп туруп калды, кайсы нерсени салаарын билбейт, Саматтын карындашы Гүлизар байкап жанына келди:

- Жеңе, адегенде пиязды салыңыз, - деди күлүп.

- Ананчы, андан кийин эмнени салам? - Элмара уялгандай сурады.

- Сиз карап туруңуз, мындан кийин үйрөнүп каласыз, - деп шыпылдай этти кууруп, андан соң сууну куйду, Элмара анын жасаганын көрүп ичинен уялып жатты:

- Гүлизар, тамак-аш жасаган рецеп сатылбайбы?

- Жо-ок, шаарда болсо керек.

- Ошого көңүл бурбапмын.

- Эчтеке эмес жеңе, кыргыздар качан эле рецеп менен тамак жасачу эле, - Гүлизар күлүп койду, - Мен дайыма жаныңызда болом, үйрөнүп аласыз, баса сиз лагман, манты, пловду билесизби?

- Жеп жүрөм.

- Чынбы? - Гүлизар каткырып ийди, - Жегенди баары эле билишет, жасаганды ар ким билбейт жеңе, сиз эле дейсизби, сиз үйрөнүп алсаңыз алдыга эч кимди салбай каласыз, - Гүлизар чоң энедей болуп сүйлөп жатканда Элмара карап күлүп турду.

- Чоң энедей болуп сен кантип үйрөндүң эле?

- Мен чоң атамдарга ар кандай тамак жасап берем да.

- Чынбы?

- Ооба, Самат акем экөөбүз чоң атамдарга карачубуз.

- Азыр ким бар?

- Гүлнар эжем бар, мен дагы барып турам.

- Жакшы экен.

- Жеңе тамак бышканда мени чакырыңыз ээ? - деп Гүлизар ары карай жүгүрүп кетти, Элмара аны карап күлүп турганда эки жакты карап Самат жетип келип артынан кучактап калды.

- Эмне кылып жатасың алтышка?

- Тамак жасап жатам.

- Чын элеби?

- Ооба, ишенбей турасыңбы?

- Кантип эле? - Бетинен өөп алды.

- Атамдар көрөт.

- Көрбөйт.

- Уят, жөн турчу, мага тамак жасаганды Гүлизар үйрөтүп жатат.

- Чын элеби?

- Ооба, ал жакшы билет экен.

- Уялбайсыңбы? - деп Самат маңдайына келип айтканда Элмара кызыктай болуп кетти.

- Эмнеге?

- Ошол кичинекей кыздан үйрөнгүчө дейм, - Самат кабак бүркөй карады.

- Сама-ат, сен эмне деп жатасың? - Элмара ызаланып ыйлап ийе жаздады.

- Тамаша, ошого таарынасыңбы, эмне дээр экен десе, - Самат кайра соорото албай жан алакетке түштү, - Койчу эми, тамашалабадымбы.

- Жо-ок, сен чындап айттың, мени шылдыңдап жатасың, - Бетин басып ыйлап отура калды, - Чындап мени шылдыңдадың.

- Койчу алтыным, мен сени тамашалап эле койдум.

- Ошентип тамашалайт бекен?

- АР кандай тамаша болот, сени эркелетип эле тамашалап койдум, экинчи минтпейм жаным, болду эми ыйлаба, - Самат келинчегинин көз жашын аарчып кучактап алды, экөө кемегенин жанындагы отургучта отурганда Болот дарбазадан кирип келе жаткан, үйдөн Жамбы чыга калып экөөнү көрүп бири-бирин карап ымдап коюп Болот дабыш чыгарбай үйгө кирип кетти, Самат менен Элмара аларды байкаган дагы жок, ичке киргенден кийин Болот:

- Жамбы, - деди, - Биздин жаңы үйлөнгөн кезибиз эсиңдеби?

- Койчу эми, эсиңе түштүбү? - Жамбы жылмая карады.

- Түшпөй анан, атам-энемдин көзүнчө кечке жаныңа жолой алчу эмес элем, көрсө ыймандуу экенбиз да.

- Ананчы, качан атамдарды жаткырмайын кыбырап жүрө берсем сен шаштырып калчу элең го, - деди илгеркисин элестете күлүп.

- Ошону айтсаң, Саматың бизди унутуп койгон го? - деди Болот терезеге келип көрүнбөгөндөй болуп акырын карап, - Көрүп коет деп ойлошпойбу?

- Тим койчу эми, алар деле тартынып, кысынып турушат.

- Мейли, бактылуу эле болушсун балдар, - Болот отуруп калды, - Атам Самат менен Элмараны отко киргизели дейт.

- Кое тур десең болмок, эчтекеси келе элек да.

- Эми келе элек дебей эле алып барып койбойлубу, окууга деги барбай калышты, атамдар кызматын көрүшсүн, - Ошол кезде Болоттун телефону чырылдап калды, - Бул ким болду, аа-а куда тура. Алоо куда кандай жатасыздар, ооба-ооба, качан куда, эртеңби, жо-ок мен кеңешейин, анан өзүм чалып айтам, - деп телефонун өчүрүп аялына карады, - Талантбек куда экен, эртең себин алып барышат дейт го?

- Ошенттиби, ой Болот жума күнү келгиле дебейсиңби, даярдык көрүп алалы ботом.

- Жарайт, куданы кошо эле кел дейин ээ байбиче?

- Ошент, өзү кошо келсин, антпесе болбойт, анан канча киши келээрин дагы сура, - деп Жамбы шашып калды. Болот телефонун ачып Талантбекке чалып келерин айтты, өзүн сөзсүз келишин суранды, беш киши келээрин айтып телефонун өчүрдү:

- Буйруса келише турган болду, - деди Болот, ошол кезде Элмара тамагын алып кирди, эмне кылаарын билбей Саматты карады эле ал падносту алып келип сүзгүчтү берди, Элмара эптеп сүзүп алып келди. Болот тамакты мактап ичти. Андан кийин, - Эля, жума күнү кудалар келе турган болду, - деди.

- Эмнеге? - деди Элмара, ал сен же тигил бул кыргыздын салттарын биле берчү эмес, - Жөн эле келишет бекен?

- Балам, сенин себиңди алып келишет экен, - деди Жамбы.

- Ал эмне сеп деген?

- Ой кокуй гүн десе, сени такыр орус кылып койгон го? - Жамбы күлүп калды.

- Апа, жөн түшүндүрсөңүз, - деп келинчегин карады Самат.

- Кыз күйөөгө тийгенде ата-эне кызына сеп берет кызым, - деди бул жолу Жамбы мээримдүү жылмая, - Жууркан төшөк, кыз-күйөөгө керектүүнү берет.

- Аа-а, - Элмара уялып кетти, - Мен билбейт экенмин.

- Эчтеке эмес, баарын түшүнөсүң кызым, - деди Болот, - Тамагың абдан жакшы болуптур. Элмара унчукпай калды: "Эгерде ата-энем болгондо баарын билип чоңоет элем, бир үйдө жалгыз эле даяр тамакты ичип-жеп эчтекени укпасам, же бирөө айтпаса мен кайдан билмек элем, кызык атамдар сепке эмне алып келишет, үйдөгү төшөктөрдүн эскире баштаганын көрүп жүрөм, деги эмнеси болсо дагы көрөм", - деп ойлонуп дасторконго бата кылгандан кийин жыйнап жууп коюп өздөрүнүн бөлмөсүнө кирди: "Жума күнү келсе төрт күн калыптыр, ким келет болду экен, Жазира келсе сүйлөшөт элем", - деп ойлонуп жатканда телефону чырылдады эле ала койду:

- Алоо угуп жатам, Жази сенсиңби, эмне? Ким дейсиң, Тайыргабы? Эмнеге Жази, атама айтпайсыңбы? - дегенде Жазинин ыйламсыраган үнү угулду:

- Атам мени отурасың деп койду.

- Эмнеге Жази?

- Билбейм, сага өчөшүп мени ала качты, атам сага айтпагыла, мага таарынат, досумдан ажырай албайм, сен отур деп койду.

- Кызык, - Элмара ойлонуп калды? - Анда атам мага капа экен да?

- Андай эмес, сени капаланткысы келбептир, себеби Кубанычбек байкемдин арбагын сыйлап сени өзү алып кеткен, мен өз кызы эмесминби, ошону үчүн буйругу катуу болду, - деп Жазира коштошо өчүрүп салды.

Талантбек Элмаранын себин даярдатып жатканда Тайыр Жазираны окуусунан келе жатканда алып кетип калган. Ошондо Мүрбек чалып:

- Досум, эми өз кызыңды мага келиндике кыярсың, бул жолу эшигимден кызыңды алып кетсең аягы жакшылык менен бүтпөйт, андан көрө дос элек эми куда бололу, - дегенде Талантбек эчтеке дебей өчүрүп салган да өзү барып Жазираны ыйлап жатканда:

- Мени атам десең ордуңдан жылба! - деди катуу айтып

- Ата!.

- Жок, оозуңду ачпа, отур! - деп чыгып кетип өзү аябай кыйналды, бир күн бою пиво ичип кечинде келгенде ага Гүлира:

- Эмне болду, мынчалык иччү эмес элең? - деди.

- Мени алла аябай чоң сыноого салды Гүлүм, көтөрө алаар бекенмин, абдан кыйналдым, - деп башын мыкчы айтып берди, - Өмүрбек досум мени оттун ортосуна таштады, Эляны бербей койдум эле эми Жазини алып кетиптир. Кызымдын көз жашына карабай таштап келдим, - Талантбек башын мыкчый отуруп калды.

- Башка жактан эле изде келинди десең болмок, эми эмне болот?

- Кокус Жазини алып баса берсем алар аябайт, ансыз дагы иним ошондой көрө албастардын айынан өлдү, ар кандай себептерге такап коет, өздөрү таптаза жашай беришет, мен алардын кара иштерине аралашпаганым үчүн канчалаган налог төлөйм Гүлүш, - оор күрсүнө ордунан турду, - Сага булардын кереги эмне эле?

- Билип койгонум жаман болбос, - Гүлира жылмая карады.

- Туура, аа-а баса бүрсүгүнү Элянын себин алып барабыз, сен дагы барасың, Даниелди андан келээрибиз менен үйлөнтпөсөм болбойт, үй ээн калмак болду.

- Сен дагы барасыңбы?

- Ооба, бирге кел дешти.

- Баары даярбы?

- Ооба, эртең Жасминдер үйдөн боорсок жасап койдун этин бышырышат.

- Мени качан аларга тааныштырасың?

- Жылдык өтсүн, азыраак чыдай тур.

- Ансыз деле чыдап жүрөм го?

- Чыда алтыным, көбүнө чыдап эми аз калганда...

- Эмне болду?

- Иштер көп Гүлүш, башым ооруп турат, жатып эс алайынчы, - деп кыңкайып калды, ошол бойдон кетип калмак беле Гүлира аны ойготмок болгондо колдору тырышып өңү көгөрүп кеткенин көрүп коркуп кетип тез жардам чакырды, көрсө кан басымы көтөрүлүп кеткен экен, ошентип Элмаранын себине өзү бара албайм калып өзүнүн бир тууган инисин аялы менен апасын кошуп Жасминди жиберди. Септи аябай даярдаган экен, мебелдеринин баары азыркы жаңы чыккан чет элдик буюмдар, көргөн эл тамшанып эле жатып калышты. Дал ушул учурда канча жылдан бери ооруп төшөктө жаткан Элмаранын таенеси Таластан чыгып Элмарадан кабар алганы үйүнө келди, Гүлдана Сымбаттын жалгыз эле кызы болчу, өзү жалгыз жашап бир аз мал келине ээлик кылып, жайкысын Гүлдана кызы менен баласын жөнөтүп турчу, Гүлдананы үй-бүлөөсү менен өлтүрүп кетиптир дегенин укканда эс учун билбей жыгылып бара албады, ошол бойдон буту-колу кыймылдабай жакын иниси карап жаткан, анын деле тууганчылыгы жок болчу. Гүлдана апасына мал бактырып акча каттырып жүргөндө баласын окууга өткөрмөк болуп Субанбек атайын өзү Сымбатты эжелеп Кубанычка таанышкан болчу. Ошондон бери он сегиз жыл бою Субанбек анын өз малы менен каратып жатып жаңы гана бутуна турган, сүйлөгөнү дагы билинбей булдуруктап калган, аны Субанбек алып келди:

- Ким? - деп Гүлсүн чыга калды Субанбек дарбазаны такылдатканда.

- Үйдө ким бар?

- Мен бармын, көрүп турасың го?

- Эже кечириңиз, Элмара кайда?

- Эмне кыласың аны?

- Элмаранын таенеси келди, болсо айтып коесузбу?

- Таенеси? Таенеси бар экенин укпаптырмын.

- Айтып коесузбу, кары киши оорукчан, бол эрте айтып коюңуз, - Субанбек жини келе карады:

- Элмара турмушка чыгып кеткен, - Гүлсүн ага баарын айтып берди эле Субанбек Сымбатка карады, - Эмне кылабыз эне?

- Садагаң болоюн, биротоло ошол жакка алып бар садага, уул ордуна уул болдуң балам, канча жылдан бери көрбөгөн неберемди бир көрөйүн, - деп зорго айтты Сымбат. Субанбек дароо эле Кочкорду көздөй айдады, экиде чыккан алар саат тогуздарда күпүлдөп отурушканда жетип калды. Элмара менен Самат эшикте сүйлөшүп турушкан, коноктор бата тилеп калганда аларды үйгө кир деп айтайын деген Жамбы таппай калып дарбазадан чыкса чоочун унаа келип токтоп алар менен сүйлөшүп турушуптур.

- Самат! - деди Жамбы жакындай басып.

- Апа, эмне болду? - деп Самат апасына карай басты, Элмаранын ыйлап жатканы кулагына угулуп:

- Ботом, Эля ыйлап жатабы? - деди.

- Апа акырын, - Самат апасын колтуктай басты, - Апа, Элмаранын таенеси келиптир.

- Эмне дейт ботом? - Жамбы: "Эч кимиси жок дебеди беле", - деп ойлонуп кайра Саматты карады, - Анда үйгө кир дебейсиңерби, сыртка коюп койгонуңар туура эмес го? - деп Элмаранын жанына келди, - Балам, бу конокторду үйгө киргизсең боло, эшикте туруп калганы туура эмес го?

- Жакшысыңарбы айланайын? - деди сымбат караңгыда ага кайрыла.

- Жакшы-жакшы, үйгө киргиле, - Жамбы аларды ээрчите үйгө киргизип анан башка бөлмөгө жайгаштырып чай куюп анан аттанганы жаткан конокторго кирип бата кылгандан кийин аларды кешикти мол салып жөнөтүштү, кийит-кечесин кийгизишти, Элмара ишенип-ишенбей жатты, конок кеткенден кийин жай сүйлөшүп табак тартып Субанбек менен Сымбатты сыйлап жатышты.

- Мен кызымды үй-бүлөөсү менен өлтүрүп кетти дегенди угуп эсимди жоготуп коюптурмун, ошондон баштап өлүм менен кармашып өлүк менен тириктин ортосунда жаттым садага, - деди Сымбат онтолоп, - Өзүмө келгениме бир-эки жыл болду, Субанбек менин иним боло, ысыгыма-суугума күйүп мени караган ушул, кечээ жакында гана айтты сенин амандыгыңды, - Үшкүрүп алды:

- Энемди кайгыны - кубанычты дагы көтөрө албайт дегенден улам айтпадым, анткени кайра ооруп калышынан корктум, өзүмдүн апам жашында өлүп калган, эне ордуна эне кылып карап калдым, - деди Субанбек, Болот муну угуп ага аябай ыраазы болду.

- Азамат иним, азыркы кезде өз энесин асырай албагандар бар, сага кудай берет иним, - Сымбатка карады, - Кудагый, кудай сүйгөн пенде экенсиз, сизди азыркыга чейин өз энесиндей карап багыптыр, мына небереңиз бизге бала болуп отурат, сый көрүп, Эля менен сүйлөшүп чер жазышып анан кетиңиз.

- Ооба-ооба кудагый, Эляга дагы жакшы болбодубу, - Жамбы сөзгө аралашты. Сымбат чарчагандай жатып калды, Элмара таенесин анча эстей албады, эжеси менен агасы кетчү, өзүн апасы жиберчү эмес, азыр кубанганынан ыйлай берди. Сымбат эки-үч күн жатты, аны өзүнчө кой союп коноктоп адими кийим кийгизишти, кетээринде Элмараны четке чакырып алып:

- Садагаң кетейин десе, мен карыдым. Гүлданамдын кайгысы менен оорулуу кылып кетти, дени кардым соо болсо сени өзүм эле бакпайт белем, - деди көзүн жаштап, - Эми өлөөрүмдө сенин жаныңа болоюн, сен шаардагы үйгө качан барасың, ушунча жылдан бери атаңдар берген мал менен акчанын аягына чыктык, сен мени башкага кор кылба, - деди.

- Коюңузчу таене, эмнеге кор болмок элеңиз, өзүм карайм сизди.

- Ошент балам, жалгызымдан калган жалгыз туяксың, эми сенден мага көз жаш буйрусун, - деди да Субанбек менен кете берди. Болот Субанбекке дагы бир сыйра кийгизди, ошентип Элмара эми таенесин ойлоп сары санаа болуп калды. Самат анын кабагы салыңкы болгону байкап:

- Эмне болду Эля? - деди.

- Атамды көрүп келсек жакшы болот эле.

- Атама айтайынчы.

- Айтып уруксат алчы, барып келели, - деди кабак сала, аны уккан Болот өзү менен Жамбыны, Самат менен Элмараны алып союш союп шаарга жөнөштү, алар келгенде ооруканадан чыга элек болчу. Ошол жерден сүйлөшүп акыбалын сурашып кайтышты, Элмара кечинде аларды өз үйүнө алып келип анан:

- Ата-апа, таенем келип атамдардын мүрзөсүнө баралы деп кетти, мен аны бул жерден күтсөм болобу? - деди тартына.

- Эмнеге болбосун балам, болот сен Самат менен кал, биз кете берели, кудагый келгенде айтып койсоң келип калабыз, - деди Болот.

- Ошенткиле айланайын, үйдө толуп жаткан жумуш деле жок, кыздар бар, Аамат дагы быйыл аскерге кетпесе үйдө болот, - деди Жамбы. Гүлсүн тамак-ашты үстөл үстүнө толтуруп койгон, Талантбек телефон чалып алардын келээрин айтып койдун эти менен азык түлүктү жиберип ийген эле, ошентип эртеси Болоттор кетээри менен Элмара өзүнүн паспорту менен банктан акча алды, ал Самат экөө машина алмак болушкан эле. Экөө площадка барып сүрөткө түшүштү, эки жакты көрүп кечинде үйгө келгенде Гүлсүн тозуп алды.

- Жакшы эл алдыңарбы кызым?

- Ооба Гүлсүн апа, зерикпедиңизби өзүңүз?

- Көнүп калбадымбы кызым.

- Бизге тамак жасап убара болбоңуз, - деди Элмара, анан Саматты колтуктап үйгө кирип кетти, ал ушул саам бир нерсени эстеп канча жылдан бери ачылбай турган ата-энесинин бөлмөсүн ачты, баары ордунда, апасы боенчу күзгүнүн суурмасын ачып альбомду алды да ичин ачып карап жатып апасы менен таенесинин сүрөтүн тапты, анан аны көпкө тигиле карап отурганда Самат жанына отуруп:

- Апабыз аябай сулуу болгон экен ээ? - деди келинчегинин көңүлүн көтөргүсү келип, - А сен апаңа окшошсуң.

- Чын элеби?

- Ооба, көрүп турбайсыңбы.

- Апам таенеме окшош экен.

- Ооба, аябай окшош тура.

- Самат.

- Оов.

- Атамдар мага капа болушпайбы?

- Неге капа болмок эле?

- Үйүнө келе албай эле жаткан экен деп.

- Койсоңчу жаным, атам менен апам андай эмес, жаман ою болсо бетке эле айтмак, - деп Самат келинчегин кучактап өөп алды, - Кандай машина алабыз Эля?

- Сага жакканын.

- Өзүңө жакканын албайсыңбы?

- Жок, эми күйөөм бар, күйөөм каалагандай болушу керек.

- Жарайт, анда хундай алалы.

- Болуптур, жаңысын алабыз, айдаганды билесиңби?

- Ооба, бирок права жок да.

- Алабыз, анын жарасы жеңил, жүрү атама барып таенемдин келгенин айтып кеңешип келели, - Элмара ордунан туруп кийинди, үстүндөгү пальтосу эле отуз миң сомдук, өтүгү беш миң сомдук, Саматка дагы ошондой кымбат кийим алып берип сеп менен берип ийген эле. Экөө ээрчише ооруканага келгенде Талантбек жакшы маанай менен тозуп алды.

- Акыбалыңыз жакшыбы ата? - деди Элмара бетинен өөп.

- Жакшы кызым, эми жакшымын.

- Ата, мен сизден бир нерсе сурасам болобу?

- Сурай гой кызым.

- Менин таенем бар турбайбы?

- Ооба, оорукчан экенин уккам.

- Ошол келип кетти.

- Качан?

- Сеп барган күнү барыптыр.

- Мейли кызым, ал киши деле карып калгандыр, сыйлап ал, - деп Талантбек ойлуу карады, - Уул баласы жок эле, ушуга чейин ким багып жатыптыр?

- Субанбек деген бар экен го?

- Ошол, жакшы жигит деп укканмын, атаң акчаларынын көбүн мал-сал сатып алып ошол кишиге бактырчу, жөн кайдан кызым...

- Иши кылса таенемдин бары чын экен да ээ?

- Ооба кызым, Гүлдана дагы жалгыз кыз болчу.

- Рахмат ата, таенем келип атамдардын мүрзөсүнө барып куран окуталы деп кетти, ошол үчүн калдым, - деди Элмара.

- Мен эртең чыгам, чогуу барабыз.

- Ата, Жазираны...

- Тим кой кызым, ал өз тагдырын тапты, - деп Талантбек башын ары буруп кетти, ал жөнүндө сүйлөшкүсү келбегенин дароо эле сезди да унчукпай калды, анан коштошушту да чыгып кетишти, Элмара Жазирага телефон чалуудан коркот, Тайыр алып ийеби деп чала албады. Болот менен Жамбы үйүнө баргандан кийин Маанай келип неберелерин сурады эле:

- Алар шаарда калды апа, - деди Жамбы.

- Капырай, бир ай боло электе үйүндө эмне бар?

- Апа, келишкен тамы бар экен, акыры Аамат үйлөнсө Саматты бөлмөкпүз, үй жайы белен жакшы болбодубу, анын үстүнө ээн калса болбойт, оокат дегени толтура турат, жашай беришсин, - деди Жамбы, Болот экөө ошентип кеңешишкен болчу, алардын шаарда экенин угуп Сагынай келип кетти. Арадан он беш күндөй өткөндө Сымбат келип союшун ала келип кыз-күйөөсүнө куран окутушту, андан соң көрүстөнгө барышты, Элмара ата-энесинин күмбөздөрүн көрүп буркурап ыйлады: "Атаке, апаке силерсиз чоңойдум, эгерде силер эчтеке таппаган болсоңор мен кандай күндө өсөт элем, мага силерден калган байлык таттуу жашоо берди, Талантбек атам мени өз балдарынан кем көрбөй чоңойтту, ханышадай эле күң жумшап жашап келем, бирок силер жоксуңар, жакшы сөзүңөрдү угуп мээримиңерди көрбөдүм, эми силердин тиги дүйнөңөрдү берсин, ылайым бейиштен орун алгыла, Самара эже, Денис аке силердин дагы бейиштен ордуңар болсун", - деп көпкө отурду. Талантбек куран окуган соң бата кылып кайра кайтышты, Сымбат оорукчан болгондуктан ыйлап-кейип койгонго ооруп жатып калды, толгон дарыларынан ичип анан эс алды, Элмара Гүлсүнгө тамак жасатты, кечинде Талантбек менен чогуу болуп аркы-беркини сүйлөшүп анан кетти. Самат атасы менен сүйлөшүп шаардан качан келесиңер деген суроосуна "жакында", - деди эле алар тез келип калгыла дешти. Анткени Турус менен Маанай отко киргизебиз дегенин айтканда бармак болушту. Экөө машина базардан Хундай унаасын алып Саматка права жаздырып анан толгон белек-бечкек, кемпир чалга кийим-кече кылып алып барышты. Жамбы септен келген жууркан төшөк менен бир килемди кайната-кайненесине алып бармак болуп даярданып калышты...

Сагынайдын жашоосу өз нугунда түп жатты, дүкөндөн түшкөн пайдасына чогултуп дагы бир точка алып ага дагы сатуучуну коюп койду, Баел мектепти бүтүрүп кытайга окууга бармак болуп тест тапшырып өтүп кетти. Нурел он биринчиге көчтү, ошол кезде Сагынай кызматтагы бир адам менен таанышып жүрүп калган, экөө ар дайым мейманканадан жолугушчу, Сагынайдын туулган күнү болуп ага досторун, сиңдилери мен агасын чакырганга бир туугандары менен отурганда Белек келип калды.

- Белек, бул эмне кылганың, үйдө балдар менен бир туугандарым бар, - деди Сагынай аны киргизбей.

- Эмне болот эле, классташым деп койсоң болбойбу?

- Уят, эгерде билсе балдарым терс бурулушат.

- Нурийла барбы? - деди анан Белек.

- Ооба, алар бар.

- Анда Жокенди чакыр, ошолор аркылуу кирейин, - деп Белек көгөрдү, ошентип кырк беш жашын белгилеп шатыра шатман болуп отурушту, Самат менен Элмара дагы бар, Блек Сагынайдын туулган күнүнө алтын жасалгаларынан алып келген эле. Ошол күнү Сабыр алардын үйүнүн сыртынан карап кайра кетип калды, болгону босогосуна гүл коюп анын ичине алтын чынжырды коюп койгон эле, аны кызы Саида чыгып көрүп калып көтөрүп кирди. Бирок кимден экенин эч ким билбеди, Сагынай гана Сабырдын келгенин билди, башкалары кетип бир туугандары калганда:

- Кана эмесе, өзүбүзчө боорлошолу, - деди Сагынай күлө коньяктан куюп жатып, - Силер бар менин ырысым бар.

- Биз бири-бирибизди тирүүдө колдобогондо качан колдойбуз, өлгөндөн кийин ыйласак да таппайбыз, - деди иниси Дуулат.

- Ооба, Дуулат туура айтат, бири-бирибиз үчүн тирүүлүктө гана сыйлаша алабыз, - деди сиңдиси Саамай, бабырашып отуруп кеч жатышты, эртеси уктап калышкан экен телефондун чырылдагы ойготуп жиберди, Сагынай туруп барып алды:

- Алоо, угуп жатам, - дегенде Сабырдын үнү угулду.

- Туулган күнүң менен Сакин, кечинде гүлдү алдыңбы?

- Сен таштадың беле?

- Ооба, кире албадым.

- Келбей койсоң деле болмок.

- Койчу эми кекете бербей.

- Конокторум бар, телефонду коем, - Сагынай трубканы коюп койду.

- Атамбы? - деди ойгонуп алган Саида.

- Ооба кызым.

- Гүлдү атам алып келсе сиздин туулган күнүңүздү унутпаптыр да?

- Ошондой го, - Сагынай көңүлсүз сыртка чыгып кетти, ини-сиңдилерин эртең менен дагы сыйлап видеого тартып анан узатып кирээри менен кайра телефон чырылдаганда Саида ала койду.

- Алоо, ата сизби? - дегенде Белектин коңур үнү угулду:

- Сагынай барбы?

- Аа-а, азыр апама берем, - деп трубканы Сагынайга сунду, - Апа сизге..

- Алоо, аа-а рахмат, качан дейсиң, макул барам, - деп кыска сүйлөшүп коюп койду.

- Апа ал ким? - деди Саида.

- Тааныштар кызым, кафеге чакырып жатат.

- Качан, азыр барасызбы?

- Саат алтыга.

- Ай-ий кеч го?

- Келип калам кызым.

- Эрте келиңиз ээ?

- Ооба, ага чейин экөөбүз базарга, андан көрө паркка барып келелиби кызым? - деди жылмая.

- Ур-ре! - Саида секире алаканын чапкылады, - Азыр жөнөйбүзбү?

- Ооба, сага телефон алып берем.

- Апа, мага телефондун кереги жок, үйдө телефон турбайбы.

- Анан эмне алып берейин?

- Ноутбук.

- Ошону айта албай жаткансың го, билесиңби деги?

- Билем.

- Жарайт, кийин кеттик, - Сагынай жасана кийинип алып кызын жанына отургузуп жөнөдү, ЦУМдан ноутбук алып, андан кийин кийим-кече карашты, эки-үч сааттай жүрүп анан үйгө кайтышты, Сагынай эми Белек менен жолугууга даярданып жатты...

Сабыр дагы эле аягы суюк аялдай бир жерге байыр албады, ал турсун ата-энесинен кабар да алган жок, Асел эркек төрөгөндөн алты ай өткөн кезде ал жерден дагы кетип жыйырма бештеги Гүлназ деген келиндин үстүнө кирип алды. Асел аны күтүп-күтүп тажаганда: "Өз аялына кетип калган экен, акмак десе, ажырашпаганында кеп бар болчу, сени шашпа сотко берип эки балага алимент төлөтүп албасамбы", - деп жини шакардай эле кайнап жатты, Сабырдан эч кандай кабар болбой Саяна менен Диязын карап багып кала берди. Сабыр бул убакта Гүлназ менен кино театрга барып, күндүзү ишинде болуп жүрө берди, бир күнү Гүлназ:

- Үй-бүлөөңүз эмне болгон? - деди.

- Ажырашканмын.

- Канча балаң бар?

- Жети.

- Оой, ошого баланы таштап койдуңбу?

- Сен үчүн алтышка, сени сүйүп калсам эмне кылайын? - Имере кучактап жаш келинди аймалап кирди, - Сен дагы мени сүйөсүңбү?

- Көрөбүз да, машина алып бересиңби? - Наздана эркеледи.

- Ооба, буйруса алып берем.

- Анан закска барабыз ээ?

- Албетте.

- Чын айтасыңбы?

- Ооба дедим го?

- Ата-энемдин алдына барасың.

- Сөзсүз.

- Канча калың бересиң?

- Ошондо көрөбүз.

- Чын пейилиң менен айткан жоксуң, - Гүлназ тултуңдай таарына түштү, - Мени алдап эле жатасың го?

- Өлөйүн, чын айтам, - Соорото албай жалынып-жалбарып жатты.

- Бала төрөп бер дебейсиңби?

- Жо-ок, кудайга шүгүр балдарым бар.

- А мага керек болсочу бала?

- Анда төрө.

- Болуптур, мен сага ишендим, - деп ары карап кеткенде кол телефону чырылдап калды, - Алоо, макул-макул, эртең жолугалычы, жарайт азыр барам, - деди да телефонду өчүрдү.

- Км ал? - деди Сабыр.

- Иним, ага кыздар менен жашап жатам деп койгонмун, апам дагы келиптир, азыр келип кал деп жатат.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Барышым керек да, бирок акчам жок, - деп кабагын чытый жатып калды, саат кечке малдагы алтылар эле.

- Кайра келесиңби?

- Кантип келем, апам каякка барасың десе эмне дейм?

- Болуптур жаным, мына үч миң сом жетеби?

- Болот, апама иштеп жатам деп коем, - деп үч миң сомду алды да Гүлназ чыгып кетти, анын жигити бар, ага эжемдин үйүндө жашайм деп коет, бир жылдан бери бирге жүргөнү менен үйлөнөөр түрү деле жок. Данияр аны болжошкон жерден күтүп алды:

- Кандай Гуля? - Өбүшө учурашты.

- - Жакшы, сен кызыксың, эжем менен жездеме эптеп шылтоо таап чыгып келдим, качан үйлөнөбүз? - деди Гүлназ тултуңдай.

- Шашпа жаным, убактысы келсе үйлөнөбүз, бакыт үйүнө көтөрүп барам, - деп Данияр кучактап өөп койду, - Жаныңда акча барбы, менин айлыгым тийбей жатат.

- Эмне кыласың?

- Керек, эки миң сом керек болуп жатат.

- Сурай бересиң, мен се үчүн иштеп жатам, минтип жүрсөк кантип үйлүү болобуз, мен сага ишенбей калдым.

- Курулуштан көп эле табам, иш жакшы болбой жатпайбы.

- Макул, мына эки миң сом, кайра кайрып бересиң, - деди Гүлназ ага тамаша чалып аралаш жылмайып.

- Мен өзүм дагы сеники болом го жаным.

- Качан эми?

- Шашпасаң, менин бир жакшы пландарым бар, ошондо сага сюрприз кылам уктуңбу? - мурдунан чымчып эркелете өөп койду, - Эми кетесиңби?

- Жо-ок, курбу кызым чакырып жатат деп чыгып кайра бармак белем?

- Анда каякка барабыз?

- Жүрү мейманканага.

- Жарайт, - деп экөө менчик мейманканалардын бирине киришти, ал түнү аны менен болуп Гүлназ эртеси кетти, Данияр өз аялына жөнөдү, ал Гүлназдан алган акчасын коротпой алып келген:

- Түнү менен кайда жүрөсүң? - деди аялы Алтынай үңүрөйүп.

- Түнү бою бирөөнүн туалетин каздым, мына эки миң сом.

- Айтып кетпейт белең анан, - Алтынай акчаны көргөндө жумшара түштү, - Бала түндө ыйлап чыкты, жалгыз отуруп корктум.

- Эмне кылайын анан, биржа деген ошол да, иш чыкса кете берем.

- Кардыңды тойгуз эми, кайра барасыңбы?

- Ооба, жумуш чыгып калса экен, - деп аялын карабай күңкүлдөдү, ал телефону чырылдаса эле өчүрүп салып жатты.

- Эмнеге албайсың, жооп берип кой да, - деди Алтынай.

- Бирге иштеген неме, азыр барам да, - деп телефонун биротоло өчүрдү да тамактанып алып жөнөдү, ал чынында эле биржада иштейт, жумуш болсо бапыраңдап азык-түлүк алып келет, болбой калса батирине дагы таппай калат, Гүлназ ага швеяда иштейм деген, экөө анда-санда жолугуп турат, Данияр аны алдагандан тажабайт, колуна акча тийсе үйүнөн ашырып эптеп ага гүл дагы бере коймою бар. Гүлназ ага ишенет, сулуучумак алтын тиши бар жаш жигитке турмушка чыгам деген үмүтү чоң, бирок убакыт узарып эле бара жатат. Бир жолу ал дагы Сабыр менен отурганда телефон чалып калды:

- Алоо Данияр, мен азыр иштемин бара албайм кечинде барам, - деп Сабырды карап күлүп койду, - Иним, менден акча сурай берет, - деди Гүлназ телефонун өчүргөндөн кийин, - Сен мени иштетпей койбодуңбу, атамдарга дагы иниме акча берип турчумун, көнүп алышкан да.

- Мейли, батирди төлөгөндөн кийин акча берем, үйүңө барып кел, - деп Сабыр кучактап калды, ага бул дүйнөдө тынч бир үй-бүлөө менен жашоо кызыксыз болчу, тапканын чачып аялдарга жумшап өмүрү өткөнчөктү бул бир келген жашоосун ойноп-күлүп өткөрүү эле, чынында Гүлназ менен деле биротоло жашаганга көңүлү жок, экөө тең өз максаттары менен жашап жатат. Гүлназ эми андан көп суммадагы акча өндүрүүнү ойлоп жатты, тааныш милиция кызматкери бар эле, Сабыр жокто аны менен сүйлөштү. Экөө макулдашып алып кечинде ыйлап телефон чалды:

- Сабыр, мен айткан жерге тез келип калбасаң мени камаганы жатат, - деди ыйламсырай.

- Эмне болду?

- Телефондон болбойт, Жибек жолу Карпинкага келе калчы.

- Жарайт, - Сабыр машинасын айдап алып жарым саатта келип калды, бир милиция менен турганын көрүп жанын келди, Гүлназ аны колтуктап арыраак алып барды да:

- Акча таба коем деп кармалып калдым, - деди.

- Эмне иш кылдың эле?

- Наркотик сатайын дегем.

- Эмнеге, эми канча деп жатат?

- Миң доллар менен билгизбей жабат экен, болбосо алып барып камап койсо кесилип кетишим мүмкүн дейт.

- Болдубу анан, дагы сурап жүрбөсүн?

- Жок, ошону менен бүтөт деди, мен сага ишеним чалдым, болбосо эмдигиче бөлүмгө алып барып протокол толтурам деп жаткан, - Гүлназ ыйламсырап жатты:

- Болуптур, бул жолу куткарам, экинчи мындай кылба, - деди да тигиниси менен сүйлөшүп телефон номерин берип Гүлназды алып кетип миң долларды таап берип жөнөттү. Гүлназ ыраазы болуп ал күнү Сабар менен көңүлдүү тамактанып, төшөктө дагы аны жыргалга бөлөдү, жалынып-жалбарып өмүр бою кулуң болоюн, сен болбосоң түрмөгө түшөт элем деп эбиреп жатты. Эртеси Сабыр жумушка кеткенде кийим-кечесин алып эшигин кулпулады да чыгып кетти, миң доллардын он миңин милиция таанышына берди да калганын алып Даниярга чалды. Ал албай жатып көптө алды:

- Алоо, Гүлназ менин колум бошобой жатты эле, өзүм чалам.

- Данияр, сүйлөшө турган сөз бар, - дегенин укпады, Гүлназ кайра кат жөнөттү: "Мен көп акча таптым, батирге чыгып албайлыбы, кайра мага чал", - деген кат келгенде Данияр кайра чалды:

- Кечки алтыда жолугабыз жаным, - деди да кайра өчүрө салды, Гүлназ ага ишенди да кечке батир издеди, анан бир бөлмө шарты бар үй таап эки айга төлөп бир аз төшөнчү сатып алып келип Даниярдын чалышын күттү. Саат алтыда Данияр чалды да экөө батирден жолугушту:

- Кана жактыбы, экөөбүз эки жактан иштесек дагы керектүүнү алып алабыз жаным, - деп Гүлназ ага эркелей карады.

- Жакты, жакшы кылыпсың, эми өз үйүбүз болот турбайбы, - деп Данияр аны кучактап өөп анан ага тигилди, - Канча акча таптың эле?

- Жыйырма беш миң.

- Оо-уу, ошончо акчаны кайдан таптың?

- Иштеген акчам жыйылып жаткан, кечээ алдым.

- Эми канча калды?

- Он беш миң сом бар.

- Гүлназ, анда аны жок кылбай эле мен базарга чыкпайынбы?

- Эмне сатасың?

- Элге окшоп иштейм да, сен ишиңде иштей бер, экөөлөп бат эле бутка туруп кетебиз, жумуш бирде болуп, бирде болбой кыйналып кеттим.

- Ма-акул жаным, жүрү базарга барып азык алып келели, кечкиге бир сонун тамак жасап берем, - деп Гүлназ аны колтуктап эшикке чыкты, алар базарга кире бергенде сумкасын жула качты эле Данияр дароо артынан жүгүрүп жетип көчүккө бир тээп жерге жыкты да сумканы алып ичиндеги акчаны шашылыш алып сумканы ыргытып ийип эки жакты карап туруп калганда Гүлназ элдин арасынан жүгүрүп чыкты:

- Жок, таппай калдым, - деди Данияр аны көрүп.

- Каякка кетти?

- Билбей калдым.

- Эми эмне кылам, болгон акча ошондо болчу да, - Гүлназ ыйлап жиберди.

- Бекем кармабайт белең анан.

- Кайдан билдим, күндөгүдөй эле көрдүм да.

- Мен дагы издеп көрөйүнчү, - деп Данияр элди аралап басып кетти, Гүлназ эмне кылаарын билбей анын кеткенин томсоро карап тура берди: "Мен бирөөнү алдадым, акыры буйрук эмес экен, эми эптеп иштейин, Сабыр мени күтүп жаткандыр, кийимдеримди алып кеткенимди билсе эмне деп ойлоду экен, эми ага дагы бара албайм", - деп ойлонуп нес болгондой тура берди. Базарда эл суюлуп бара жаткан, Данияр кайрылып келбеди, ал артына кайрылып: "Сабырга кайра барышым керекпи, же Даниярды күтүшүм керекпи", - деп турганда Сабыр чалып калды:

- Алоо, эмне болду Сабыр? - деди калтыраган үнү менен, - Ооба, азыр барып сага баарын түшүндүрөм, - деп шашыла кетип бара жатканда Данияр телефон чалды, - Эмне болду таптыңбы? Жо-ок анда эртең жолугабыз, мен апама кетип жатам, чакырып жатат, шаарга келген, - деди да Сабырды көздөй жөнөдү, анын бул калпы канчага чейин уланаары белгисиз эле. Сабыр аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан:

- Кайда кетип калдың? - деди Гүлназ кирип келээри менен эле Сабыр.

- Шашпачы, апам мени айылга алып кеткени келиптир, кийимдеримди алып барып койдум, эмне кылаарымды билбейм, - Гүлназ чындап ыйлап кирди, анын акча жоготконго ичи ачышып жаман абалда турган эле, Сабыр аны кайдан билсин ишенди.

- Болду эми, эмне кыл дейсиң, кеткенге макулсуңбу?

- Ооба, сен мени мазактагың келип турабы, канчадан бери алып жүрүп же үйлөнбөсөң, же иштетпедиң, шаардан эмне таптың, андан көрө айылга алып кетип күйөөгө берем дейм апам.

- Мени кечир, үйлөнгөнгө шарт болбой жатпайбы, аялым ажырашпай жатат, заксты кыркмайын экөөбүз үйлөнө албайбыз да, - Сабыр калпты айтып аны ишендирмек болду, ага ишенбей дагы калган эле, дагы бир андан жашыраак кыз менен таанышып алган, бирок ал анча көңүл бурбай, күйөөгө чыга элегин айтканда ого бетер жабышып аны кафе ресторанга чакырып, алтындарды белек кылып жатып ишканасы менен иши болбой банкротко учурай баштаганын билип жардамчысын кысмакка алып жаткан. Ал күнү көңүлү келбей жатып алды. Гүлназ анын көңүлүн бурууга аракеттенип койнуна энеден туума жылаңач жатып сыйпалап жатты:

- Сабыр, мен сени сүйөм, ишен мага, баары бир башкага кете албайм, мени куткар, кантип өзүм сүйбөгөн адамга чыгам, - деп мойнуна колун ороду.

- Гүлүш, чарчап турам, - Колун акырын түртүп койду.

- Сенин көңүлүң башкада болуп калган го Сабыр?

- Андай эмес, бүгүн аябай чарчап турам.

- Сенин ишканаңдан иштесем болобу?

- Жок, банкрот болуп бара жатат, жакында жабылат го?

- Эмнеге?

- Ошондой болуп калды, эми бир жумага чейин офисте иштешке тура келет, мени күтпөй жата бер, балким кандай болгонун таап чыгаармын.

- Макул, мен сени үйдөн күтөм.

- Жарайт, эс алайын, эртең оор күн, - Сабыр терс бурулуп жатып калды, ал ай чырайлуу Айгеримди ойлонуп жатты, аны кандай кылып торго түшүрүүнү ойлонуп жатты: "Мен аны сөзсүз колго түшүрүшүм керек. Эгерде ал колума конуп берсе Сагынай менен тез арада ажырашам дагы ага үйлөнөм", - деп ойлонуп уктап кетти, Гүлназ өзүнчө ойдо: "Шашпа сени, банкротко мен түшүрөмүн, менден башканы таап алган болсоң сага бирди көрсөтөм", - деп жатты ал. Эртеси ал кетээри менен артынан түштү, бирок анын унаасынын артынан таксиге отурганга акчасы жок калып калды, Даниярга чалса телефону өчүрүлгөн. Аргасы кетип иш издеп идиш-аяк жууганга жумуш тапты. Даниярдан кабар болбой кетти, Сабырга барса батирди кулпулап ээсине өткөрүп кетип калыптыр, бирөөнү алдайм деп өзү ара жолдо калды. Эки айга акысын төлөгөн батирге келип жашап калды, Сабырга телефон чалса колум бошобой жатат деп өчүрүп койду. Ыйлап-ыйлап: "Мен аны алдайм десем мени ал алдады, Данияр эмнеге телефонун өчүрүп салды", - деп ойлонуп иштеп жатты, иштеген акысын күндө алып көңүлү көтөрүлө түштү, кантсе дагы ак эмгек менен тапкан акчанын татымдуу экенин сезди. Көңүлдөнүп иштей баштады батирди эки айга төлөп алганына кубанып жанында бирге иштеген Света экөөнүн мамилеси жакшы боло баштаганы бирге жашап калышты. Светанын жигити бар, ал турмушка чыга элек ата-энесинин колунда жогунан өзүнө акча жыйнап жүргөн болчу, эки ай өтүп кайра батир акысын төлөй турган болгондо экөө болуп төлөмөк болуп Света ага өзүнө тиешелүүсүн бөлүп берди да калганын катып алды. Гүлназ анын акчасын көрүп түндөсү койгон жеринен алды да таң атпай кетип айылга жөнөдү, анткени Светанын акчасы оңой эмес эле, эки миң доллар болчу, ириктеп отуруп эки жылдан бери ата-энесине бергенден калганын катып долларга айлантып койгон, үйрөнгөн адат калабы дегендей көзү акчаны көргөндө кызарып алды да куйругун түйдү, Света анын кетип калганын билген соң ыйлап-ыйлап кала берди...

Сабыр Айгеримге эч нерсе аябай жандай баштады, кыздын азырынча күйөөгө тийе турган ою да жок болчу, экөө отурганда:

- Байке, эмне максат менен бул белектерди мага берип жатасыз? - деди Айгерим ага ойлуу карап, - Сиз экөөбүздүн ортобуз ата баладай болуп турбайбы?

- Айгерим, сен мени түшүн, сени ме жактырып калдым, үй-бүлөөм жок, - деп Сабыр жалдырай карады.

- Андай болушу мүмкүн эмес! - деди Айгерим, - Уялбайсызбы, мен деген жапжаш кызмын! - ордунан туруп кетмек болду, - Экинчи мага жолочу болбоңуз!

- Айгерим, мен сага кааласаң үй алып берейин, машина каалаганыңдын баарын, баарын орундатам, - Колунан кармай калды.

- Кое бериңиз, үй менен машинаңыз өзүңүзгө буйрусун! - деп кетип калды, Сабыр шалдая отуруп калды, анан батирине кайра барып күнү кечке жатты, арадан билинбей бат эле үч күн өтүп кетти, үчүнчү күнү ага Айгерим чалып жолуга турганын айтты, ал анын бергендерин кайтарып бермек болгон, ошол учурда апасы телефон чалып калды, атасы катуу ооруп операция болушу керек экен. Акча керек дегенде эмне кылаарын билбей туруп калды: "Мен атамды аман алып калуу үчүн Сабыр байкеге макул болушум керек, белектерин кайрып берүүнүн ордуна сатып ооруканага барайын", - деп шашыла алтындарын алып күркөгө барды, баарын өз баасынан арзан сатты да ооруканага жөнөдү. Келсе апасы ыйлап отуруптур.

- Кандай, атам жакшы элеби апа?

- Кайдан, өтүн алдыруу керек экен, бөйрөгүндө дагы бар дейт.

- Канча акча керек экен?

- Эки миң доллар дейби, сүйлөшүп көрчү өзүң.

- Акемдер уктубу?

- Укканда алар кайдан тапмак эле, өздөрү зорго оокат кылып жатат, - деп бышактап кирди апасы, - Же кыздардан пайда жок, эми эмне болот?

- Апа, кам санаба, мен табам, жок дегенде караан болуп келип турушпайбы? - деп агалары менен эжелерине жинденди.

- Сен кайдан табасың? - деди Сайра кызын үмүттүү карап.

- Табам, врач менен сүйлөшүүм керек, - деди Айгерим, анан врачка кирди, ал жаш врач Султан Акимович деген эле, Айгеримди көрүп эле:

- Кириңиз чоң кыз, кулагым сизде, - деп карап калды.

- Менин атам операция болуш керек экен...

- Ким?

- Кубаталиев Акмат.

- Аа-а, сиздин атаңызбы?

- Ооба, акыбалы кандай, операция жардам береби?

- Албетте-албетте берет, - Султан ойлонуп кызды карап калды, - Чынында оор, бүгүн эртеңден жасабасак кыйын болчудай, ички органдарында көп илдет бар экен, жоон ичегиде, өттү болсо алыш керек, ичкилик иччү беле?

- Эми-и кээде ичсе керек, мен шаардамын, - Айгерим ойлуу уялып жер карап туруп анан, - Жакшы болуп кетеби агай? - деди.

- Буйруса, ал үчүн кечиктирбей операция жасашыбыз керек.

- Канча турат?

- Эки миң доллар.

- Мен табам, даярдай бериңиздер.

- Жарайт, анда операцияга даярдык көрө берелиби?

- Ошентиңиз, колуңуздан сакайып кеткиси бардыр, - деп Айгерим кабинеттен чыкты да апасына келди, - Апа, буйруса атам сакайып кетет, кабатыр болбоңуз, - деди да саал ойлоно калып кайра суроо узатты, - Атам көп иччү беле?

- Кээде иче коюп жүрүп кийин көп ичип туруп албадыбы, жоктун айынан ичет да куурагыр, ошентип жүрүп мына ооруп калды.

- Врач ошону айтты, көп ичкенин угуп уялдым.

- Эмне кылайын кызым, өмүр бою жок-жок менен өтүп келе жатабыз, куру дымак менен өмүр өттү го чиркин, - Шуру үшкүрүп алды.

- Мен атамды көрүп чыгайын апа, - Айгерим палатага кирип атасын эңкейип өптү да, - Ата, жакшы болуп кетесиз, мен акча таптым, - деди күлүмсүрөп көңүлүн ачуу аракетин кылды.

- Кызым, акчаны жумшабай эле койсоңорчу, мен болбой калдым го? - деди Акмат онтолой.

- Андай дебеңиз ата, врач менен сүйлөштүм, сакайып кетет деди.

- Айта беришет кызым, акча алгыча айыктырам дейт, алгандан кийин арга жок аракет кылдык дейт, - деп Акмат биротоло жашоодон үмүт үзгөндөй сүйлөдү.

- Ата, антип айтпа, көрөсүз го жакшы болуп кетесиз, - деди Айгерим, апасы киргенде ага сумкасынан жыйырма миң сомду берди, - муну алып катып туруңуз, мен калганын таап келем.

- Мынча акчаны кайдан таптың кызым? - деди Шуру кызын таңгала карап, - Айлыгым аз дечү элең го?

- Апа, катып жүргөм да, - Айгерим ушинтти да палатадан чыгып бара жатып буулугуп ыйлап жибере жаздап өзүн зорго кармап кетип жатты: "Айлам канча, аруулугумдун пайдасы атама тийсин, кийин дагы көрөөрмүн, тагдырым ушундай болсо кантмек элем, апам туура айтат, беш баланы жок менен эптеп бакты, башкаларга окшоп кенен кесири жүргөн жокпуз, неге биз мындай болдук, атам деле бирөөгө зыяны жок адам, апам деле жумшак, адамга зыян кылбайт го, анда эмнеге биз минтип кыйналышыбыз керек", - деп ыйлап паркка отуруп алып көпкө ойлоно берди. Кечке маал Сабыр телефон чалганда жүрөгү дүк-дүк этип мууну калтырап жатып алды:

- Угуп жатам, - деди өзүн кармап, - Макул азыр барам, - Телефонду өчүрүп коюп буркурап жиберди: "Бизди эл катары бакканда мындай болмок эмес да, эми артка жол жок, атамды сактап калышым керек, картаң болсо эмне экен эч нерседен кем кылбай багып турса жашап кетем", - деп чечкиндүү ордунан турду. Ал болжогон жерге келсе Сабыр гүл алып күтүп туруптур, далдоодон аны көргөн Айгерим: "Жаш жигитче турганын кара, колунда акча бар болсо эле кыздарды көрсө көзүн кызарткан көп эркектин бири, балким максатына жеткенден кийин басып кетээр", - деп артка бурулуп кетип калгысы келди, бирок көз алдына атасы келип кайра токтоду, анан акырын басып келе жатканда Сабыр көрө коюп жетип келди:

- Айгерим, келдиңби алтыным?

- Келдим, - Суз карады, анын көздөрү шишик тартып ыйлаганы билинип турду, - Кандайсыз?

- Жакшы, бул гүл сага, - Сабыр шыпылдай гүлдү сунду, кыз гүлдү колуна алып искеп алды: "Аттиң, ушул гүлдү өзүм жактырган адамдан алсам кандай бакыт, өзүмө-өзүм кылдым, иг издеп бара коюп жабыштырып алдым, мага деле кандай жигиттер колун сунбады, тер урулуп басып кеттим, сүйбөйм дедим, жүрөгүмө жаккан адамда табам деп ойлодум", - деп ойлонуп мелтиреп туруп калганда Сабыр, - Айгерим, сага эмне болгон, капалуусуң го? - деди жүзүнө эңиле.

- Атам ооруканада...

- Эмне ооруп жатабы?

- Ооба, операция болгону жатат.

- Капа болбо, жакшы болуп кетет, жардам керек эмеспи?

- Билбейм, эки-үч күндө операция кылабыз деди, - деп Айгерим акчаны ачык айта албады.

- Эмнесинен экен?

- Өтү, жоон ичегиси...

- Мен жардам беремин, эки миң доллар жетеби?

- Билбейм, сураш керек, эртең өздөрү айтат го.

- Жарайт капаланба, - деп кызды бооруна кысты Сабыр, Айгерим андан кысынып боюн канчалык жыйрыганы менен тартып ала албады, аргасыз кучагында солкулдап үнсүз ыйлап жатты, - Кой эми ыйлаба, атаң жакшы болгондон кийин үй алабыз, анан машина алып берем.

- Айдаганды билбейм.

- Эчтеке эмес, окуп аласың.

- Көрөбүз, башкысы атам жакшы болуп кетсе болду, - деди кыз улутуна, - Мен бара берсем болобу, жанында болушум керек.

- Макул, ыйлаба эми, мен эртең ооруканага барам.

- Жарайт, - деп Айгерим коштошо андан бөлүндү, эртеси айткандай эле Сабыр апасы менен ага-эжелерине байкатпай врачка төлөп коюп Айгеримге чалды, ошентип Акматты аман алып калышты. Аз күндөн соң ооруканадан Айгеримди көргөн Султан Акимович өзүнө чакырып алды:

- Айгерим окуйсуңбу? - деди ага кунт кое карап.

- Жок иштейм.

- Каерде?

- Катчы болушум керек, бирок жумуш табуу оңой болбой жатат.

- Ооба, азыр жумуш табуу кыйын, - деп телефон номерин сурады, сүйлөп жатып өзүнөн көзүн албаган врачка таңгалып койду: "Кыз көрбөгөнсүп карайт да, бу эркектер эмнеге мындай болот деги, кыз көрсө эле жармаша калышат, эгер атам колунда болбогондо кагып салат элем, аялы баласы болсо деле ушинте беришет", - деп ойлонуп апасынын жанына келди.

- Чыгарабыз дейби? - деди Шуру.

- Жок, жата турсун дейт.

- Кызым, - деди онтологон Акмат, - Мени сен гана аман алып калдың, болбосо жашоодон үмүт кылбай калдым эле, кудай багыңды ачсын.

- Ата, мен себепкер, кудай сизди көп жашатсын, врачтардын дагы мээнети чоң, - деди Айгерим, - Апа, сиз акчаны жок кылган жоксузбу? -

- Үкөлдөрүн алып жатпайынбы, бар калганы.

- Канча калды?

- Беш миңдей короду го?

- Беш миң бериңиз, врач үмүт кылып жатат го?

- Ооба-ооба, бербей анан, бере гой кызым, - Шуру беш кагаз алып берди, - Сени ошого чакырыптырбы?

- Ошондой го.

- Бер кызым, алардын дагы мээнети бар, - деди эле Айгерим акчаны сумкасына салып бөлүп алды да эки миң сомду Султан Акимовичке бермек болуп кабинетин такылдатты.

- Кир, - деди Султан Акимович, - Аа-а сизби Айгерим?

- Ооба, кечиресиз агай, - деди да конвертти алдына койду, - Сизге чоң рахмат, колуңуз ар дайым жеңил болсун, - Тартына артына бурулду.

- Бул эмне Айгерим?

- Ал сиздин кол акыңыз агай, атам үчүн сиздин эмгегиңиз чоң.

- Жок-жок Айгерим, жанагы алган акчанын эсебине баары кирет, ашыкча болбойт алганга, - деп Султан Акимович кызыктай абалда калды, - Муну алыңыз, мындай болбойт, - Ордунан тура калды.

- Агай, бул биздин чын дилибизден ыраазычылык билдиргенибиз, же ага дагы болбойбу, адам ыраазы болгонун билгизе албаса анда кандай...

- Түшүндүм М, бирок мен капа болом, мындай болушу мүмкүн эмес.

- Көп эмес, жок дегенде унааңызга май куюп алыңыз, албасаңыз мен да таарынам, - деп жылмая чыгып кетти. Айгерим негедир Султандын көз карашын көз алдына келтирип: "Жакшы адам болсо керек, жаман абалда калды, башка бирөө болсо канча болду экен деп конвертти ачканга шашмак", - деп ойлонуп ата-энесине жолугуп кетмек болду. Ошентип ал өзү жашаган батирине келди, бирге жашаган эки келин бар, алар соода кылышат, ал жетип эле чарчап жатып калды: "Сабыр байке качан үйлөнөбүз дээр экен, же акчасын кайтарып бере албасам, эми андан кантип кутулам, же айылга эле кетип калсамбы", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси эртелеп ооруканага барды, атасы туруп калыптыр, кубанып кетти, анан кайра жумуш издеди, түш оой телефону чырылдаганда жүрөгү шуу этип алды: "Сабыр болсо керек, эми эмне дейм, барбасам ооруканага келип калат", - деп коркуп караса чоочун номер экен, алып тыңшай калды:

- Угуп жатам, бул ким экен? - деди эле тааныш үн угулду:

- Айгерим, бул мен Султан Акимович, мен сизди "Нарзан", кафесинде күтөм, - деп өчүрүп койду.

- Кызык, мени эмнеге кафеден күтөт? - деп ойлонуп туруп калды, анан маршрутка күтүп: "Нарзан кафесине жетип барды, сырттан акырын карап анан ичкери карай абайлап кирип келе жатканда:

- Салам Айгерим, кош келдиң? - деп тозуп алды Султан Акимович.

- Кандайсыз? - Айгерим уяла баш ийкеди.

- Кел отур, - Султан Акимович орундукту ага оңтойлоп, ал отурган соң анан өзү отурду, - Таңгалган чыгаарсың Айгерим? - деди жылмая.

- Ооба, таңгалганымды жашыра албайм.

- Чайдан ич Айгерим, жай сүйлөшөлү.

- Эмне жөнүндө, атамдын абалы жакшы элеби? - деди Айгерим үрпөйө карап.

- Кам санаба, ал кишинин акыбалы эң сонун, дагы эки күндөн соң чыгарабыз, - деди күлүмсүрөй карап.

- Мени бул жерге эмне максат менен чакырдыңыз?

- Айгерим, сен жаман ойлобо, сени менен жай сүйлөшкүм келди.

- Эмне жөнүндө.

- Сен жана өзүм жөнүндө.

- Кандай?

- Мисалы бири-бирибизди жакындан таанып жүрөлү деген ой...

- Жакшы, - Айгерим ашыкча сөз айтпады: "Маданияттуу көрүнөт, эгерде жаман ою болсо өзүнө жараша кылам", - деп ойлоп алды.

- Канча бир туугансыңар Айгерим?

- Беш, үч кыз, эки эркек, эң кичүүсүмүн.

- Жакшы, мен Чүйдөн болом, эки бир тууганбыз, эжем бар, ата-энем айылда турушат, мен шаарда турам.

- Жакшы.

- Жигитиң жокпу Айгерим?

- Эмнеге сурадыңыз? - деп аны карап күлүп калганда телефону чырылдап калды, акырын караса Сабыр, - Кечиресиз, мен азыр, - Айгерим туруп сыртка чыгып, - Алоо угуп жатам, - деди акырын, - Сабыр байке, мен жаңы эле жумуш таптым эле, бир-эки сааттан кийин чаласызбы, макул-макул, - деп телефон өчкөндө өзүн жеңил сезе түштү, анын Сабырда эч бир көңүлү дагы жок, өзүн аны менен бирге элестетип алып бүткөн бою дүр дей түшчү болгон, ал кайра келди эле:

- Жайчылыкпы? - деди Султан Акимович.

- Эч нерсе, таанышым...

- Зарыл ишиң бар беле, мен кармаган жокмунбу?

- Жо-ок жок, сизди кабатыр кылганым үчүн кечириңиз, баары жайында эле, - деп отуруп калды, Султан Акимович тамактын түрүн заказ кылган экен алдыга келип экөө тамактанып отурушту, Айгерим аз-аздап акырын алып сыпайы тамактанып отурат, Султан аны аста карап коюп жатты: "Эмне ою бар деги, улам эле карай берип жүдөттү", - деп кыз ушул тушта күлкүсү келе өзүнчө жылмайып алды:

- Эмнеге күлдүң Айгерим? - деди Султан Акимович.

- Жай эле..

- Айгерим, мен сизди көргөндөн бери эле...

- Эмне дегиңиз бар? - Айгерим сөздү жулуп алды.

- Ай Айгерим, мен сени жактырсам болбойбу?

- Кантип, сиздин үй-бүлөөңүз болсо...

- Ким айтты, мен үйлөнө элекмин, же картаң көрүнүп жатамбы? - Султан Акимович күлүп калды.

- Кечириңиз, мен сизди эки-үч балалуу го деп ойлогонмун, - деп күлүп калды Айгерим.

- Чын эле ошондой деп ойлодуңбу?

- Ооба.

- Анда мен аябай эле картаң көрүнөт экенмин да, али кыз жандабай жатып, - Акимович каткырып ийди, - Отузга чыкканча билим алам деп жүрүп чындап картайып кеткен окшойм?

- Андай деле эмес, - Айгерим ыңгайсыздана уялып кетти.

- Эчтеке эмес, айтканыңдын чындыгы дагы бар, карт бойдок болуп жүрө бербей үйлөн еп ата-энем жанды койбойт, анан ойлонуп көрсөм алар туура айткан экен, дагы бир эки жыл жүрсөм чал деп ойлошот го?

- Кечирип коюңузчу, мен көпкө отуруп калдым, кетүүм керек, - деди Айгерим ордунан тура, - Бүгүнкү түштөнүү мага абдан жакты, сизге чо-оң рахмат.

- Айгерим, бир аз отурсаң боло.

- Жок, мен бүгүн бир жумуш тапканмын, азыр барып таанышып чыгышым керек, - деп Айгерим болбой койду.

- Жарайт анда, чыгалы эмесе, - деп Султан Акимович аны жандай басты, - Айгерим сүйлөшүп туралы ээ?

- Макул, колум бош болсо.

- Эмне такыр бошобойсуңбу? - Күлүмсүрөй карады.

- Иштеш керек, сиз билбейсиз да, жумушу жокторду мазактамай сиздердин иш, - Айгерим ызалуу карады, - Чычканга өлүм мышыкка оюн деген ушу да.

- Айгерим, катуу кетсем кечир, сендей кичинекей кыздын жашоого ушунчалык берилип алганына таңмын, деги мынчалык кыйнаган эмне сени?

- Жашоо, - деди да унчукпай калды Айгерим.

- Жашоо дегендей... сен али жашсың да, окушуң керек го?

- Окугуң келсе дагы кыстоочу кыстап турса айла канча.

- Мынчалык муңайбачы Айгерим, эгерде окугуң келсе мен киргизип коем.

- Кантип, баары бир төлөгөнгө акча жок.

- Баарын өзүм бүтүрөмүн, болгону сен мага ишенип макулдугуңду бер.

- Азыр араң эле жаз келди, ага чейин иштешим керек, батириме төлөшүм керек, ушунун баары мени ойлонтот, - Айгеримдин дароо кабагы бүркөлө түштү.

- Дагы эмне болду Айгерим?

- Билесизби? - Саамга ойлуу туруп анан, - Атамдын операциясына төлөгөн акчаны дагы төлөөм керек, - деди анын көз алдына Сабырдын койнунда уйпаланып аргасыз жатканы элестей өзүнчө чоочуп кетти.

- Айгерим, өңүң бузулуп кетти да, - Султан Акимович кармай калды.

- Жок-жок, мен өзүм эле...

- Сен ооруп калдың го Айгерим? - деп Султан Акимович чебелектей өзүнө үйрүлө карап жатканда кыз жүрөгүнүн тушун кармап туруп калды: "Эмнеге мынча үйрүлүп түшөт, чындап жактырып калдыбы, андай болоор күн кайда, же мурунураак жолукса эмне, азыр мен бир карышкырдын чеңгелиндемин, каалаган күнү чакырат да оюндагысын жасайт, балким үй алып койгондур, качан мен даярмын деп телефон чала калат", - деп ойлонуп кетти.

- Мени жайыма коюңуз, өз азабым өзүмө буйрусун, ишиңизден каласыз, - деди Айгерим машинада келе жатып.

- Бүгүн менин кезегим эмес.

- Баары бир өз ооруларыңыз бар да.

- Ооба, сен бараар жериңе жеткирип коюшум керек.

- Убара болбоңуз, - деди да Айгерим жолдон токтотуп түшүп калды, ал жалгыздап ойлонгусу келди. Султан Акимович аны түшүргөн соң: "Эмнеге жапжаш туруп мынчалык түйшүкчүл, башка агалары эмнеге каралашпайт, санаасы көптөй, кандай кылып жеңилдетсем экен", - деп ойлонуп кетип жатты, ал жашоосунда кыйналышты көргөн эмес, бардар үй-бүлөөдө өсүп, окуу менен алек болуп эч кандай жокчулуктун даамын сезбеген, ата-энеси бүгүнкү күнгө чейин сүзмөсүн, сары май менен этин, кымызын даярдап келип муздаткычына чалып турат, өзүнүн деле тапканы, айлыгы ойдогудай болчу...

Сабыр Айгеримди чындап сүйүп калгандан кийин анын үйүнө барып колун сурап жол жобосу менен алмак болуп адегенде Сагынайга жолугуп ажырашуу үчүн сүйлөшмөк болду. Сагынай үйдө болчу, балдары жок Баел Кытайга кеткен, Нурел болсо мектепте, Саида үйдө болчу. Сабыр түз эле үйгө кирип келди, Сагынай: "Буга эмне болду, кайра жашаганы келдиби, балдары го аргасыз эле жүрөт, мен муну менен эми кантип жашамак элем", - деп заматта ойлонуп ийди, ошол убакта Саида өз бөлмөсүнөн чыга калды:

- Ата-а! - деп кучактап калды, - Ата эми кетпейсиңби?

- Кызым, кандай окууларың?

- Жакшы, жалаң бешке окуп жатам, класста президентмин.

- Оо азамат десе, кызым ушундай кыз болуптур да, - деп Саиданы эки бетинен өөп анан Сагынайга карады, - Кандайсың?

- Жакшы, келип калыпсың?

- Келдим, сүйлөшө турган сөз бар.

- Айта бер.

- Ажырашуубуз керек...

- Биз алда качан ажырашканбыз.

- Мыйзам жүзүндө.

- Каалаганыңдай кыла бер.

- Арыз жазалы, анан бирге баруубуз керек.

- Жарайт, азыр бара бер, мен ойлонуум керек.

- Ойлогондо эмне, тездеткенибиз оң го?

- Азыр бошобойм, - Туруп бөлмөсүнө кирип кетти Сагынай.

- Сагынай, качан келейин?

- Эки-үч күндөн кийин арызыңды жазып бара бер, мен барып макулдугумду берем, - деди кайрылып, Сабыр унчукпай чыгып бара жатканда алардын сөзүн түшүнгөн Саида:

- Ата, апам менен ажырашасызбы? - деди ыйлап туруп, - Бизди эмнеге таштап кеттиңиз ата?

- Кой кызым ыйлаба, мен кеттим, - деп чыгып бара жатканда Саида артынан жүгүрдү.

- Ата, бизди таштаба, ансыз деле биз сизди сагынып жашап жатабыз го?

- Мен кетишим керек, - деп дарбазадан чыгып кетти.

- Саида, кызым атаңды антип кайрый албайсың, тим кой сенин көз жашыңдан айлансын ошол, - деп Сагынай келип кызын бооруна кысты, - Ал алда качан эле силерди таштап койбоду беле, унут аны.

- Эмнеге апа, башкалардын атасындай болуп эле биз менен жашаса болбойбу? - деп Саида соолуктай берди.

- Сен ага капа болбо кызым, болду ыйлаба садагам. Мен бармын го, силерди эч кимге кор кылбайын деп жашап жүрөм кызым, Нурел окуусун бүтсө ал дагы окууга тапшырат, Баел акең Кытайда окуп жатат, анан сен окуйсуң, анан Тариел менен Кемел окуйт, баарыңар адам болсоңор мен бактылуу эне боломун, - деп кызын үйгө киргизди: "Акмак, ушулардын таза сезимине так калтырдың, ылайым жарыба, жакшылык көрбө, балдардын кусуру урсун", - деп жүрөгү ооруп турду. Анан бир нерсе оюна түштү, ал ажырашууга макул болбой кармагысы келди: "Шашпа кантип гана башка аялга үйлөнөөр экенсиң, өмүр бою никесиз жашап көр, сенин азабың да арманың да дал ошол никесиз жашаганың болоорун билип ал", - деп ойлонуп алды.

- Апа, эми атам такыр келбейби?

- Келет кызым, дагы далай келет...

- Анан калабы биз менен?

- Жок кызым...

- Эмнеге, анан эмнеге келет?

- Келет балам, көрүп турасыңар, Нурел окуп калса Тариелди алып келишим керек, экөөбүз жалгыз калабыз, - деди оор дем ала.

- Апа, Тариел менен Кемелди чогуу эле алып келели.

- Ошентебиз го, сен эми компьютериңди ойно, мен бир ишимди бүтүрүп келейин, Асия эжеңе айтып коем отура бер макулбу?

- Макул, эрте келесизби?

- Тез эле келем.

- Жара-айт, - Саида апасын эки бетинен өөп өз бөлмөсүнө кирип кетти, Сагынай дүкөндөрүнө барып эсептешип, анан кандай товар алып келишин жазып алды да оптовыйга кетти, ал азыр ошентип калган, товарлары көбөйүп түшкөн пайда жакшы болуп көңүлү көтөрүңкү, телефону чыр эткенинен караса Белек экен, бир аз туруп анан алды:

- Ало, угуп жатам Белек, жарайт-жарайт, бир-эки сааттан кийин барам, күтө тур эми, ишим чачтан көп, ооба көрүшкөнчө, мен дагы, - Телефону өчкөндөн кийин ишине киришти, өзүнүн машинасына салып товарын жеткирген соң кийим-кече саткан дүкөнгө товар алуу үчүн Дордойго жөнөдү, ал тачкага товарын сүйрөтүп келе жатканда Сабыр алдынан чыкты, негедир ал аны көрүп башка жакка бурулуп кетти, ал Айгеримдин ата-энесине кийит-кече алганы жүргөн, Сагынай унчукпай кетип калды, үйүнө келсе кайненеси Бурма эки баласын ээрчитип келип калыптыр:

- Келиңиз апа, - деп учурашып балдарын өпкөн соң, - Атам кандай жатат, күлүү-күчтүү эле жүрөбү? - деди.

- Курсун, атаң катуу ооруп калды, догдурга көргөзөлү дешсе болбой жатат, Сабырдан кабар барбы? - деди Бурма келинине суроолуу карап.

- Кечээ келип кетти.

- Ийи анан...

- Ажырашалы дейт.

- Капырай, ажырашпаганда эмнеси калды?

- Мыйзам түрүндө ажырашып бирөөгө үйлөнгөнү жатса керек.

- Куруп кетсин ошол, каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң дегендей болду го, он балаң болсо дагы ар биринин орду өзүнчө тура, атаң ошону ойлонуп ооруп калды, мына он жыл болду биздин көрбөгөнүбүзгө, элүүгө кадам койсо дагы өз ордун таппай тентиреп жүргөнү бизди санаага салып жатпайбы балам, кандай ата-эне баласын кечип коет? - Шуу эте үшкүрүнүп алды.

- Менде эмне күнөө апа, жакшылап кармай албаганымбы же мен ал каалаган аялдардан кемминби? - Сагынай ызалана карады.

- Ошол курусун, сенден ашыгын тапканын ким билет?

- Балдардын кусуру урсун, мени кемсинтип таштап кеткен немени кудай жазаласын!

-- Кой айланайын, антип ачууң менен айтпа, эми аны дагы өлүгүңдү көрөйүндөр азгырды да балам, сен энесиң балдарыңды татынакай кылып багып отурасың, башка аял болгондо бирин эки кыла албай түбүнө жетип ордун таппай калмак, көзүңдү көрүп мактабайм, көрүп билип турбайлыбы, - деп Бурма кейип-кепчип калды, эки-үч күн өткөндө Сабыр дагы келди, Бурма кете элек болчу.

- Апа, сиз биердесизби? - деп Сабыр кайсактай түштү.

- Ооба балам, сен кетсең эле биз дагы каттабай калмак белек, сен качан акылыңа келесиң ботом? - Бурма баласын жактыра бербей карады.

- Апа, жакында үйлөнөм, анан келиниң менен барабыз.

- Деги уятың барбы балам, балдарың чоңоюп катын ала турган болду, каяктагыны айтпай өз ордуңду тап, ат айланып казыгын табат дегендей өз үй өлөң төшөгүңдөн кайда барасың кокуй, атаң катуу ооруп жатат, аны биякка алып келсекпи деп Сагынайга келгенмин.

- Эмнеси ооруп жатыптыр?

- Ким билсин, жөтөлүп эле жетет.

- Алып келиш керек анда.

- Сени ойлонуп эле ушул болду, а сен ойлонуп койбой басып жүрөсүң, - Бурма эптеп Сабырды өз тууруна консо деген ойдо болуп турду, Сабыр ага кайдан, кара көз сулуу Айгерими эсинен кетпей ажырашып бүтсө эле аны менен үйлөнө койгусу келип турду:

- Сагынай жок беле апа?

- Мен бармын, - Сагынай бөлмөсүнөн чыга келди, - Менден жардам керекпи?

- Сүйлөшпөдүк беле Сагынай.

- Ажыраша турган болгон беш балага беш жылдан берки алиментти төлөп кой, анан көрөбүз, - деди Сагынай.

- Ансыз деле бердим го, мен банкрот болуп ишканамды жаап койгонмун, кайдан төлөйүн, ажыкыстанбай эле мен арыз жазып келдим, кол коюп кой да, - деп Сабыр жалдырай карады.

- Сагынай, - деди Бурма, - Мейли ажырашса ажырашсын, мен көбүмүн, Саида менен эки баланы кошо алсын, сотто өткөрүп бер! - дегенде Сабыр апасын ормое карды:

- Апа.

- Чоңоюп калган экөө ансыз дагы барбайт, Тариел менен Кемел, Саида азыр жаш, алимент дебе эле өзүнө бер, сен өзүңдү карап, өмүрүңдү текке кетирбе айланайын, сен дагы бирөөнүн баласысың го акыры.

- Апа, бул эмне дегениңиз?

- Туура айтасың апа, үч баланы алса ажырашууга макулдугумду берем, - деп Сагынай көзүн сүзө карады, - Кана түз эле сотко баралыкпы?

- Сагынай, апама теңелбе, ал кары неме айта берет, анын үстүнө...

- Эмне...

- Ал жаш кыз, балдарды алып барсам болмок беле?

- Сени сүйсө балдарыңды дагы сүйсүн.

- Тамашаны кой Сагынай, мен адвокат таап койдум эле...

- Келишим түзөбүз, үч баланы өзүң менен алып кетүүгө кол коесуң, анан ажырашабыз, - деп Сагынай сыртка чыгып кетти.

- Апа, ушунуңуз кантип болсун, ишти чатагына айлантпадыңбы, - Сабыр башын чеңгелдей отуруп калды.

- Сагынай туура айтат балам, өң десе өңү, бой десе бою, акыл эси бар аялды карабай таштап кетсең ачуусу келет да, дагы жакшы, сени кетип калды дебей биз менен катышып жатат, кээ бир аялдар бут баспайт болчу балам, эсиңди жыйсаңчы.

- Эк жакшы сөз айтат экен десе кайра бузат, - деп Сабыр ачуусу келип чыгып бара жатканда Бурма.

- Кайт балам артыңа, кайрылып үйүрүн тапкандын айыбы жок, балдарыңа жек көрүнбө! - деди артынан.

- Көргүм келбейт, ушу силердики өттү!

- Атаңа эмне деп айтам Сабыр?

- Мени өлгөн деп эсептей бергиле! - деп чыгып кеткенде Саида ыйлап карап турган:

- Чоң эне, атам бизди бала катары көрбөйт экен да чынбы, - деп келип кучактап алып соолуктап жатты.

- Кантейин садага, айлам жок...

- Апа, көрдүңүз да, көзү тумандап калган тура балаңардын, - Сагынай кирди үйгө, - Кечирим жок ага.

- Аман болсун аргам жок... Алар ошентип өз ойлору менен алек боло отуруп калышты, Сабыр дароо эле унаасына отуруп Айгеримге чалды, ал Султан менен отурган болчу, улам өчүрүп коюп жатканда:

- Албайсыңбы, ким эле ал? - деди Султан.

- Баягы киши.

- Келе мага бер, мен сүйлөшөйүн.

- Жо-ок, азыр мен өзүм... - Айгерим туруп сыртка чыкты, - Алоо угуп жатам, аа-а апам болчу өчүрүп коюп жатса керек, сизби качан, үйгө барам дейсизби, жо-ок болбойт Сабыр байке, атам азыр жакшы сакая элек, конок күткөнгө даяр эмес, мен иштеп жатам, жо-ок сизден эмнеге качмак элем, сизгеби качан сөз бердим эле? Макул-макул жолугалы, канчада сөзсүз барам, - деп өчүрдү да көзүн жума көпкө туруп өзүн кармай кайра кирди. Султан анын сөздөрүн угуп кайсы жерден жолугушарын билип алып ордуна отуруп калган.

- Эмне дейт? - деди ага суроолуу тигиле.

- Жөн эле, акчаны качан табасың дейт.

- Таап берели анда.

- Билбейм, - Айгерим көзүн ала качты, - Айтып көрөйүн.

- Чал, эртең эле колуна тийет.

- Анан сизге карыздар болуп калам го?

- Аны ойлобо, азыр тигини тындыралы.

- Макул, - Айгерим Сабырдын телефонун тапты, - Алоо Сабыр байке, мен сиздин акчаңызды таптым, мүмкүн болсо эртең эле барып берейин, жо-ок жок байке, андай дебеңиз, сизге мен... - Телефонду Султан ала коюп кулагын тосту эле Сабырдын ачуулу үнү угулду, Султан эн чыгарбай тыңшай берди:

- Айгерим, мен акчаны карызга берген эмесмин, сени сүйөм уктуңбу, эртең ата-энеңдин алдына барам да сени алып кетемин, үйдү сатып алып койгонмун угуп жатасыңбы Айгерим?

- Сиз мени менен сүйлөшүңүз, ал жаш кызда ишиңиз болбосун, акчаны оорулуу үчүн бергенсиз, демек менден аласыз! - деп Султан телефонун өчүрүп койду эле Айгерим ыйлап жер карады.

- Ал мени болбой эле сага үйлөнөм деп жүрөт...

- Өзүң сөз бердиң беле?

- Жо-ок. Атам ооруп жатат жолуга албайм десем эле өзү келип төлөп коюп мага үйлөнөм деп жатат, - деп Айгерим ыйлап жатты, Султан Акимович ага түшүндү, колдо жоктун айынан аргасыз атасын сактап калууну ойлогонун билди да аны жайгара сүйлөдү.

- Мындан ары аны мага кой, андан сени куткарам.

- Чын элеби? - Айгерим жаштуу көздөрү менен ага үмүттүү карады.

- Коркпо, сенин көңүлүң болбосо зордоого акысы жок, сени коркутуп зордоп көндүрүүгө тырышканы үчүн жооп берет.

- Ошентсе кана, мен чынында коркуп жүргөнмүн, - Айгерим эми чындыгын айтып берди, көп өтпөй кайра чалды Сабыр:

- Алоо, мении менен сүйлөш дедим го, жаш кыздын аргасыздыгынан пайдаланганыңыз үчүн жооп берип каласыз, сизге көңүлү болбосо кыстаганга акыңыз жок, эртең акчаңыз колуңузга тийет, - деди да Султан Айгеримдин телефонун өчүрүп Сабырдын номерин өз телефонуна жазып алды, - Номериңди которуп ал, аны мен бүтүрөм, - деди Султан.

- Карыз болгондон корком, сизге...

- Болду, сен мага карыз болбойсуң, - деп сүйлөтпөй койду Султан Акимович.

- Агай...

- Айгерим, мындан ары мени агай дебей жүрчү кудай жалгагыр, Султан деп атымдан айт, - деди эле Айгерим аны карай албай көзүн тартып алды, - Сен менин издеп жүрүп тапканымсың, сүйөм дебейм, сүйө албасам элчилеп, сүйүү мага келди балким кечирээк, ак сүйүүмдү жүрөгүңө жүктөйүн, алаар белең мени өзүңө энчилеп, - Султан кызды колунан кармады, - Айгерим, мага жар болчу.

- Эмне-е? - Айгерим көздөрүн чоң ача аны карап калды.

- Элчилеп кооздоп айта албайм, бирок сени көргөндөн бери гана үй-бүлөө жөнүндө ойлоп калдым, ага чейин окуп, андан кийин иштин артынан түшүп жүрө бериптирмин, кааласаң эртең эле ата-энемди үйүңө жиберейин.

- Ойлоноюнчу...

- Мен үчүн жүрөгүңдөн бармак басым орун табылаар, - Султан Акимович күлүп койду, - Ойлонууга үч мүнөт.

- Орун бар жок экенин үч мүнөттө текшерип чыга албайм го, сайтты өчүрүп койдум эле, - деп Айгерим жылмая карады.

- Сайтты оңой ачса болот, - Экөө күлүп калышты, ошондон тартып Айгеримдин жүрөгү кубанычка толуп өзүн бактылуу сезип жүрдү. Сабырга Султан Акимович жолугуп акчаны берип анан жолуна түштү, эчтеке дей албай боз ала болуп туруп калып кайра Гүлназга чалды эле ал күйөөгө чыгып кеткенин айтып экинчи чалба деп өчүрүп койду. Көңүлү чөгүп эмне кылаарын билбей Аселдин үйүнө барды эле ал эшикти ачып көрүп эле:

- Эмнеге келдиң, сага катындар оюнчукпу, азыр жолуңа түш, болбосо милиция чакырам! - деп эшигин катуу жаап алды.

- Асел мен сага түшүндүрүп берели, ачсаң эшикти.

- Жогол деп жатам, дагы тынчымды алсаң таарынба!

- Асел дейм, балдарымды бир көрүп алайын.

- Эми бала керек болуп калдыбы, булар менин гана балдарым, сенин балам дегенге акың да жок! - Ал ичинде туруп сүйлөп жатты, Сабыр жан үрөп калп айтып жатты.

- Кечир жаным, балдарымдан бөлбө, мен ишкананын жумушу менен эле жүрдүм, мына балдарыма эмне алып келгенимди көрчү, - деп колундагы пакетти карап койду: "Бул менин акыркы үмүтүм, Аселден ажырасам болду, баары бүтөт, анда талаада каламын, андан көрө эми тынч жашашым керек", - деген ойдо турган эле.

- Балдарга жолобо, экинчи оозуңа алчу болбо.

- Койчу эми кечир мени, экинчи мындай болбойт, - деп канчалык айтып жалдыраса дагы болбой койду Асел, аргасыздан ага кайрылды, - Сыртка чыгып муну алып ал, балдарга алып келгенмин, кеттим анда, - деп кетип калды, андан чыгып кайда бараарын билбей туруп калды, анан Москвага чалды, ага акча жөнөт деп айтмак болду эле албай кыжырын кайнатты: "Бүгүн эптеп түнөп алып эртең билет алып Москвага жөнөшүм керек", - деп ойлонуп апасынын атасы ооруп жатат дегенин эстеп айылга бармак болду, бирок Аселди эптеп эки баласы менен ала барууну ойлонду да күүгүмдө кайра Аселге келди.

- Ким? - деди эшик тыкылдары менен Асел босогого жетип.

- Мен Асел, ач эшикти, чогуу ата-энеме барабыз.

- Эмне-е, эми-иби?!

- Ооба, сени ата-энеме алып бараар убакыт келди Асел.

- Жок, кетип кал Сабыр, менин сени көрөйүн деген көзүм жок! - Аселдин үнү корккондой угулду, анын ойношу бар болчу, Азамат деген милиция менен көптөн бери мамилелеш болуп алган.

- Асел, азыр эшикти сындырам, ач эшикти!

- Сени көргүм келбейт дедим го?

- Саянаны көрүп кетем, көпкө турбайм.

- Жок болбойт.

- Асел, жиниме тийбе, - Сабыр эркектин үнүн уккандай тыңшап калды.

- Сабыр, эртең келчи бай болгур, азыр балдар уктап жатты эле.

- Жок азыр көрөм балдарды.

- Макул, кызыңды алып келем, босогодон кетесиң.

- Болуптур, Саяна менен Диязды көрсөт, - деди да тыңшап турду, ичтен калдыр-шалдыр дабыш чыгып жатты: "Шашпа сени, сенин айыбың үчүн сөз сүйлөгүс кылбасамбы", - деп күтүп калды. Бир кезде Асел эшикти ачканда жети жашар Саяна менен беш жаштагы Диязды босогодон көрүп өөп анан ичкериге көз жиберди:

- Ата, эмнеге үйгө кирбейсиз? - деди Саяна, - Эми эч жакка кетпейсизби?

- Кызым, атаң кирбейт, - деди өңү бузула түшкөн Асел, көздөрү алаңдай.

- Эмнеге, тиги байке кетсинчи, атам эле жакшы, - дегенде Сабыр Аселди карады, ал коркуп турган.

- Эмне деп жатасың Саяна?

- Апа, мен билем, ал менин атам эмес, - дегенде Сабыр:

- Ал ким кызым? - деп ичкери кирди да бир бөлмө үйдүн каягына жашынмак эле деген ойдо ашканага да кирди, аңгыча тарс-тарс этип бирдеме кулап сырткы эшиктен бирөө чыккандай болду, Сабыр шашыла артынан чыгып кайра токтоп калды: "Дагы эшикти жаап алып кутулат", - деп эшикти өзү жаап артына бурулганда Саяна:

- Байке кетип калды, - деди.

- Сен аны тааныйсыңбы кызым? - деп эңкейип сурады Сабыр.

- Ооба, ал дайыма келет, мен жаман көрөм, - деп Саяна айтканда Асел чыдай албай кетти:

- Ооба, мен таштандыга айланып эч ким карабай койчу аял эмесмин, менин дагы жаным бар, жаш анан да сулуумун, билгениңди кыл, ойнош күтүп алганмын уктуңбу?!

- Мейли, мен эки баланы алам да таң эрте кетемин, сен ойношуң менен жашап тур, бирок эсиңде болсун үйдү сага калтыра албайм", - деп Диязды көтөрүп алып ордуна алып барды, - Уктай гой уулум, мен жаныңда болом.

- Сенин мени балдарымдан бөлгөнгө акың жок! - деди Асел көптөн кийин гана эсине келе, - үйүңдү ала бер азыр, балдарда акың дагы жок!

- Асел, ачуумду келтирбе, эгерде сенин балаң эмес ойношторумдан төрөгөнмүн десең анда сөз жок, азыр чыгып кетем, бирок мени алдап сенин алаң дегениң үчүн жооп бересиң, - деп Сабыр атайын Аселди экинчи баш көтөргүс кылып алмак болуп аны демитип кирди.

- Эмне деп жатасың, эки жыл бою бир кайрылып келбедиң, балдардын акыбалын сурабадың, анан дагы ушинтип айтканга кантип оозуң барды?

- Дагы актануунун жолун издеп таптыңбы?

- Сабыр дейм, өзүң эмне кылып жүрдүң?

- Балдар уктасынчы, анан сүйлөшөбүз, - деп Саянаны карады, - Кызым уктай гой, эртең чоң энеңдерге алып барам.

- Менин чоң атам барбы ата?

- Чоң энең дагы бар кызым.

- Алар эмнеге келишпейт, таенемдер дагы келбейт.

- Ошонун баары мына бул атаңдын күнөөсү кызым, бизди жөн эле оюнчук кылып жүрөт, мен аялмынбы өзүм дагы билбей кетем, деги мен кимдин аялымын же жөн гана оюнчукмунбу? - Асел ыйлап жатты.

- Мен сени ата-энеме алып бармак болуп келсем кылганың ушулбу?

- Калп, жаныңды жеп жатасың, канча жолу жалдырадым сага ыя, мени ата-энеңе алып бар, менин ата-энеме жүзүмдү ачып кой деп, эми менин бир айыбымды бетиңе кармабай эле кой, сен кыз-келинден жолуң болбой калганда эле мага келесиң, же аялың кууп чыкканда келесиң, мен сенин эс алдыруучу жайың боло албайм, балдарым менен тынч кой, эртең үйүңдү бошотуп коем, - деп булкулдап кирди Асел.

- Кыз боозуп энесин коркутат болбо! - деп Сабырдын ачуусу келип кетти, - Улам алдангыдай мен айбан эмесмин.

- Алдап жүргөн сенби же менби? - Экөө акыйлашып айтышканы бүтпөй бир топко чейин кыжылдашып жатты, балдары эбак уктаган.

- Асел, эми мени ук, сенин мунуңду кечирейин, эртең атамдарга барасыңбы же барбайсыңбы? - деди көптөн кийин САбыр.

- Сен никелеп эле койгонуң болбосо экөөбүздүн эрди-катын дей турган эмне далилибиз бар, сени менен закска турайын барбайм, - деди Асел көгөрө.

- Болуптур, балдарды ала барайын.

- Болбойт, балдар менсиз эч жакка барбайт.

- Мени менен айтышпа Асел.

- Эмне кыласың?

- Эчтеке, чындап көчөдө калтырам.

- Колуңдан келсе.

- Таянганың күчтүү болуп калган го?

- Ооба, буйруса ишенээрим бар, - Дагы канчага акыйлашат эле ким билет Саяна ойгонуп кетти:

- Уйку бересиңерби же уруша бересиңерби?

- Жок-жок, уктай кой кызым, - Сабыр унчукпай калды, экөө эки жерде соксоюп отуруп таң атырышты, дал ошол учурда Жолдубай оорусунан өйдө боло албай жылдыз суюлганда көз жумду, Бурма дароо эле Сагынайга телефон чалдырып, таң эрте алардын эшигин Нурел чертти да алакандай кагазга: "Чоң атам дүйнөдөн өттү", - деп жазып таштап кетип калды, таң ата уктаган немелер катуу уктап калып Нурелдин такылдатканын укпай калышты. Күн шашке бою көтөрүлгөндө гана Сабыр сыртка чыгып бара жатып эшикти ачканда кагаз жерге түшүп калды, бирок аны көрбөдү, Аселге жинденип айылга жөнөдү. Ал келгенде өлүктү жайына алып өкүрүп калышкан, укпай келген Сабыр жаман абалда калды, боз үйдү көрүп эле турган жеринен жыгылып түштү, ошол бойдон ооруканада көзүн ачты. Ошол барабар ал кыймылсыз келбей жатып калды, балдары барып турат, Сагынай бут басып барбады, Нурел карап жаткан, Аселге телефон чалды эле эки баласын ээрчитип келип калды, аны көргөн Нурел:

- Сиз бул жерде эмнеге жүрөсүз? - деди кабак чытый.

- Сабыр менин балдарымдын атасы, келбегенде эмне кылам?

- Ушунун баарына сиз күнөөлүүсүз, эч жакка жибербей жүрүп, чоң атам дагы өлбөйт болчу, барыңыз бул жерден кетиңиз! - дегенде Саяна:

- Байке, эмнеге урушуп жатасыз, биз атама келдик, - деди эле Нурел аны бир карап алып Саидага окшоштуруп ичи жылый түштү, бирок сыр билгизбей:

- Барыңыз, балдарда эмне күнөө, азгырып жүрүп сиз кылдыңыз, - деди терс бурула, палатанын сыртында болгондуктан Сабырга угулуп турду:

- Нурел, аларды киргизип жибер! - деди ичтен үн салып.

- Ата, кереги жок...

- Кайра кетет балама, бир-эки мүнөткө киргизип кой, - дегенде Нурел ары жылып кетти, - Келгиле Асел, мен минтиболду деги, аябай урушуштубу?

- Кайдан, мп калдым, - Сабыр мууна араң айтты.

- Эмне

ен эчтеке билбей эле барганмын, боз үйдү көрүп эле өзүмдү жоготуп коюпмун, жадагалса топурак да салбай калдым.

- Эмне деп жатат врачтар?

- Аракет кылып жатат, көп ойлонгонсуң дейт...

- Жакшы болуп кетсең эле болду, мени деле айтпапсың да?

- Кайдан.

- Мейли, кудай жардам кылсын.

- Айтканыңдай болсун.

- Эми биз кетели, кандай тамак ичесиң?

- Болгонун, бирок жүрөккө эчтеке барбайт, табитим жок.

- Оңор ооруга чалдыкпапсың, андан көрө молдого дем салдырышса болмок экен, - деп Асел аны көз кыйыгы менен карады.

- Ата, үйгө качан барасыз? - деди Саяна.

- Атам биз менен барат, - деп Дияз бир жагынан чыкты.

- Силер жөн тургула, атаңар оору, кыйнабагыла макулбу? - Асел экөөнү Сабырдан алыстатты, - Биз кетели, келип турабыз.

- Мейли, барсаңар баргыла, - Сабыр оор күрсүнүп алды, оң колу менен оң буту кыймылдабайт, сол колу менен кызынын чачынан сылады, - Апаңдын тилин ал ээ кызым, буйруса сакайып барып калам.

- Ата, баягы байкечи, дагы эле келе берет, урушуп койсоңуз, апам мени айтпа деген, - Саяна атасына арыздана кетти эле Асел аны ары тартты:

- Басчы, бирдемени эле сүйлөй берет.

- Ыкы, аны мен дагы жаман көрөм! - деди Дияз апасына карап, - Келбе деп айтайсыңбы апа, ал дагы келсе атама качып кетебиз.

- Ооба, биз ошентип сүйлөшкөнбүз, - деди Саяна.

- Кой биз кеттик, - Асел экөөнү жетелеп сыртка чыга качты, Сабыр үн каткан жок, эмне демек, айтаар сөзү да жок эле, болгону жаш балдардын көзүнчө чоочун эркекти киргизип алганына жини келди: "Балдардан алыс барып ойнобойбу, кыз бала ошону көрүп чоңойсо эмне болот, акылсыз катын", - деп ойлонуп аргасыз жатты. Алар кеткенден кийин Саида тамак алып келди.

- Ата, жакшы болуп калдыңызбы?

- Ооба кызым, сени көрүп сакайып бара жатам, - Сабыр кызына жылмая карады, анын бул карашында эч кимге билинбеген өкүнүч менен арман жаткан эле, өзүнүн каталыгын кеч түшүнүп кечирилгис күнөө кылганын билди, күнүмдүк кыздарга баргандан сырткары канча кыз-келиндерге өпкө жүрөгүн чаппады, акыры Айгеримди катуу сүйүп калып эсин жогото үй алганын, аны кайра кулпулап коюп Аселге келип анын кылганын эстеп: "Мга чала, өзүмө-өзүм кылдым, тынч жашай берсем бул балээ Жок эле", - деп Султан Акимовичтин сөзүн эстеди. Ал акчаны алып келген күнү ага жолугуп: "Канчадасыз", - деди. "Жашымды сурап эмне кыласың, айтаарыңды айт да, берээриңди бер", "Жаш кызды акчага мажбур болуп турганынан пайдаланып аялдыкка алам деп коркутканың үчүн жооп бересиң", - деди андан кийин орой... Өзү мага жабышкан, сен кыздардын амалын кайдан билесиң, сени да алдаса керек", - деп ыржайды Сабыр: "Айгерим андай кыз эмес, коркуп калыптыр, сени менен сүйлөшкүсү келбейт, убара болбо", - деди да пакеттеги акчаны алдына ыргытып ийип басып кетип жатканда: "Жаңыласың, акча үчүн баарына даяр экенин билбейт экенсиң", - деп кала бергенин эстеди. Сабырдын оорусун канчалык текшерсе дагы жакшы натыйжа чыкпады, бир айдан кийин аны чыгармак болду, Нурел үйүнө келип апасына:

- Апа, атам эртең үйгө чыгып келет, - деди акырын.

- Үйгө алып келгенде ким карайт?

- Апа, антпеңизчи...

- Эмне кылайын, аны ошол аялына чыгарып бергиле.

- Кантип?

- Ошол, мен анын азабынан башка жыргалын көргөн эмесмин.

- Апа!

- Болду, мен башка сөзүңдү укпайм, - Сагынай ары карап кетти.

Ошентип Нурел апасын көндүрө албай, Кадырга телефон чалды, ал эртеси келмек болду, Сабыр тирүүлүктүн кымбат экенин эми гана аргасыз шыпты тиктеп жаткан алсыз кезинде сезди, аттиң тирүүлүктүн баркын дени карды соо кезинде билсе кана. Бирок анда бүт өмүрүн ойноп-күлүп өткөрүү үчүн жаралгандай болуп туруп албадыбы, кечээ ашыра таптаган күлүктөй оолугуп турган кезде минтип кор болорун ойлоду беле? Кайдан таманына таш быркыраткан азоо тайдай эртеңки күндүн эмне болоорун эсине дагы алган эмес, эми минтип төрт дубалды тиктеп керээлден кечке жалдырап жаткан кезде билип отурбайбы: "Эми мага бул жашоонун эмне кереги бар, неге ошол жыгылган кезде өлбөдүм, атам мага абдан нааразы болгон экен, Сагынай менен жарашам дегенде эки баласын алып барып: "Ата, Сагынайга бара жатам", дегенде: "Кечирээр бекен балам, туура эмес кылдың, иштеп жүрүп там алды, балдарды багып жатат", - дегени оюна түштү, андан кийин Сагынайдын асты-үстүнө түшүп жатып жарашты, үч балалуу болду, алты жылдын ичинде дагы барбаган экен. Ошондон бери он жылдан ашыптыр: "Мени аябай күтсө керек, катуу нааразы болгон экен, болбосо менин дартымды доктурлар эмнеге таппайт, атамдын арбагынан кечирим сурашым керек", - деген ойго келди. Аны чыгарып кеткени Кадыр менен Нурел келишти, Сагынайдын бир басып келбегенине капа болбоду, анткени анын ич күптүсү, ызасы күч экенин билет эмеспи.

- Кайда кеттик? - деди жеңил унаага отураары менен.

- Үйгө, - деди Кадыр.

- Апам дагы мени жек көрүп калгандыр.

- Кайсы эне баласын жек көрөт, жөн бас, - деп койду Кадыр, - Атам сени кандай күттү, келдиби Сабыр, айттыңар беле дей берип үзүлдү.

- Ошондой болуп калды... Билбей келип...

- Мен силердин эшигиңерге чоң атамдын өлгөнүн жатка жазып таштабадым беле? - деди Нурел.

- Качан?

- Ошол күнү.

- Көргөнүм жок, түндөсү жакшы эле жөнөмөк болуп... - Сабыр Аселди ала бармак болгонун айтпай токтоду.

- Болду эми, өтөр иш өттү, өзүңдү ойло, - деп Кадыр зымыраган жолду карап кетип жатты. Ошол бойдон үндөбөй айылга барганча кете беришти, аларды келээри менен Бурма тозуп чыгып уулунун башынан суу айлантып чачып анан киргизди үйгө. Сабыр кирээри менен өксөп ыйлап ийди, эч кимиси унчукпады, бугун чыгарып алсын дегендей көпкө чейин тим коюшту:

- Жок дегенде топурак сала албадым...

- Куран окуйлу, токтот эмИ, - деди да Кадыр куран окуп кирди, бата кылышкандан кийин Сабырга ыңгайлуу кылып төшөк салып беришти, бир тарабы ныпым кыймылдабай калганын көрүп Бурма ичинен сызып тим болду, бирдеме десе жүрөгү ооруйт деп аяды, Сагынайга ичинен капа болду: "Каапыр, ооруну да кектейби, унчукпай балдары үчүн да үйүнө алып кетсе болбойт беле, кемчилик кимден кетпеген, ээн-эркин басып көнгөн да, оорулууну багып жанын кыйнамак беле, мейли кантейин, ичимден чыккан балам сыртыма батпай калабы, оорулуу түрүн көрүп гана куурап жүрүп өтөм го курган баламдан", - деп ичинен кан өтүп турду. Апасы эптеп тамагын берип, эки кызы келип каралашып жатты, аңгыча атасынын кыркы болоор күнү Сагынай кызын алып келип калды. Дасторконго койчу таттууну ошол жүктөп келген, канчалык ачуусу келип турса дагы Бурма ага эчтеке дей албады.

- Апа, Сабыр кандай? - деди акырын гана.

- Кирип өзүң көрүп койсоң боло, кандай жамандык кылса дагы балдарыңдын атасы эмеспи, - деди Бурма.

- Ии-ий апа, деги жүрөгүм анын кылыгын кечире албай жатпайбы.

- Адам кечиримдүү болгону жакшы, кантсе дагы беш-алты жыл жашадыңар го, азыр ал алсыз, аргасыз балам, адам алдыда эмне күтүп турганын билбейт, эгерде билсе Сабыр ошол жолго барат беле, айтпаганы менен көрүнүп турат өкүнгөнү, жаман болобу жакшы болобу эне үчүн баланын орду башка, уй мурдун сасык деп кесип таштабайт, Баел менен Нурел карабай таштап кетеби", - деди Бурма.

- Апа-а, мен деле аларды атаңды карабы деп айта албайм, болгону менин ызамдын таркай электиги, ойлосоңуз тирүүлүктүн кудайым берген жакшы жылдарын аны күтүп, аны сагынып анан кайра ага кекенип жашап өткөргөнүмдү, жашыбыз бир топко барды, ал элүүгө кирди, мен үч-төрт жылда элүүгө чыгам, анан кантип... - Сагынай ыйлап.

- Мейли балам, мен деле түшүнүп турам, кандай кылайын анан, айттым койдум да, - Бурма үшкүрүп алып отуруп калды, андан кийин камылгасын көрүп бүткөндөн кийин Сагынай ойлонуп туруп: "Ооруну сураган айыкканга тете дейт эмеспи, балдарымдын көңүлү үчүн көрүп коеюн", - деп жаңы келгендеги экөө кирген бөлмөдө жаткан Сабырдын үстүнө кирди, ал шыпты тиктеп ойлуу жаткан эле:

- Сабыр, акыбалың кандай? - деди акырын.

- Көрүп турбайсыңбы, - Сабыр жактырбагандай андан жүзүн бурду.

- Жакшы болуп кет, - деп Сагынай кайра артына кайрыла бергенде:

- Сагынай, - деди Сабыр.

- Угуп жатам, айта бер.

- Кечир мени.

- Алда качан кечиргенмин.

- Аяп кечирдиңби?

- Балдарымдын атасы болгонуң үчүн.

- Аттиң, мындай болоорун билсем...

- Баары эле биле бербейт, билген болсо жаңылышмак эмес.

- Мени кечир Сакин, ушул мүнөттөр мен үчүн оор экенин ким түшүнсүн, сенин, балдарымдын жүзүн ушундай акыбалда каратпай ошондо неге өлбөдүм деп өкүнүп жатам, - Оор күрсүнүп алды, - Мен өз жазамды алдым, тирүүлүктүн баркын билбепмин, көрсө алсыз-аргасыз калган кезде гана билет тура пенде...- Сабыр, кайгырып өкүнгөндө эмне, баары өттү кетти, жакшы жат, мен барайын, - деп эшикти ачып чыкмак болгондо дагы токтотту:

- Сакин, мени чын эле кечирдиңби?

- Эмнесин сурайсың?

- Ишендим эми, балдарыма мен жөнүндө жаман айтпадыңбы?

- Айткан болсом алар сени карамак эмес, - деди да чыгып кетти, ал эшикке жөлөнө ыйлап турду, арыктап бет сөөктөрү оркойгон, көздөрү чүңүрөйүп ичине кирген күйөөсүн аяп кетти: "Өзүңө-өзүң кылдың, болбосо өзүм үйдө карамакмын, балким мындай болбойт эле арга жок Сабыр, мен сени эми баягыдай көрө албайм, жакшы эле жаныңа баргым келет, бирок жүрөгүм муздап калган, жибите албайм го", - деп көпкө туруп анан сыртка чыгып кетип өзүн токтотуп анан кайра кайненесинин жанына кирди. Абысын ажындары бар болчу, алардын көзүнчө Бурма анын ыйлаганын байкап үндөбөдү: "Жүрөгү чыдабаган экен байкуш", - деп ойлонуп алды купуя гана. Эртеси кайнатасынын кыркы өткөндөн кийин Сагынай Саиданы алып кетип калды, кетээринде Сабырга коштошкон дагы жок, ал ойлонуп жатып өзүн-өзү өлтүрмөк болду, бирок бир колу жарай албай жанындагы апасынын жоолугу менен мойнун муунтмак болуп алы жетпей көгөрүп калды, ага тамак берген Бурма көрүп бакырып ийди.

- Сабы-ыр айланайын, эмне болуп кетти коку-уй! - деп неберелерин чакырды, мойнуна оролгон жоолукту чечип араң эс алдырышты.

- Ата, бул эмне кылганыңыз, биз сизди карап отурабыз го? - деди Нурел ыйламсырай.

- Оол-да курган дүнүйө ай, бирдемени ойлогон го, кантейин эми, - Бурма кейип-кепчип муздак суу ууртатып башын көтөрдү, - Балам, үмүтүңдү үзбө, жашооң али алдыда садага.

- Кайсы жашоону айтасың апа? - деди Сабыр көзүн жумуп алып, - Ушу дагы жашообу, ушундан көрө өлгөнүм жакшы эмес беле?

- Кой айланайын, антип айтпа, кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт дейт, бешенеге жазганды көрөт адам, тобо келтир садага, балдарың турат, аларды ойлон.

- Апа мени жалгыз калтыргылачы.

- Мейли балам, тынч жата гой.

- Ата, эми дагы бир нерсе кылып жүрбөңүз, - деди Нурел, баары чыгып кеткенден кийин өзүнчө ойлонуп жатты: "Ден соолуктун кадырын ооруганда билесиң, тирүүлүктүн кадырын өлөөр кезде сезесиң деген чын экен да, мен өз балдарыма кылчайып койбой басып кетип жүрүп эми гана сездим, өмүр кызык экенин дени таза кезде пенде ойлонбой түбөлүк жашоочудай оңду-солду камчыланып сынактан өтүп жатканыңды билбей жашай берет экенсиң да, эки көзүң жалдырап, баарына көзүң жетсе да дарманың жетпей тирүү өлүккө айланган кезде гана аманат жашоодо өмүр сүрүп жатканыңды эстейт экенсиң да, аттиң ошонусу үчүн көр пенде деп айтылат тура, таптым чачтым жашадым, мындан аркы жашоонун эмне кереги бар эле, же жазамды бул дүйнөдө өтөйсүң деп алла өзү буйруган го? Жок-жок көзүм көрүп, жан дүйнөм баарын сезип турган кезде мындай кордукка чыдай албайм, өлүшүм керек, баламды да карай албай жатам", - деп ойлоно берип башы ооруп чыкты. Чарк көпөлөк айланып турган бир гана апасы эле, аны кантип кыят, күпүлдөп акча дегенди суудай таап кайра ошондой эле чачып турганда эстеди беле, ата-энесине бир кайрылып келип ал-акыбалын сурабаганына өкүнгөнү менен азыр алсыз эле...

Күндөр өтө берди, Асыл тагдырына таарынып көңүлдөшүн үйгө алып келип жатканы менен кызынын чоңое баштаганын сезди, ал барган сайын Азаматты көргүсү келбей апасын уруша баштады.

- Апа, Азамат байкени келбе дечи, - деди дагы бир күнү.

- Эмнеге кызым, ал жакшы байке да.

- Жо-ок, ал жаман, атамдай эме-ес.

- Болду, атаңды айтпай жүр, ал өлдү, эми келбейт.

- Калп айтасың, атам өлгөн жо-ок! - деп аркы ашкана бөлмөгө кирип ыйлап жатты, ага кошулуп Диязы дагы апасына:

- Мен дагы жаман көрөм, келбесинчи Азамат байке, - деди.

- Ушу силерди эмне кылсам ыя, атаңар эми келбейт, ал өлдү! - деп Асел ачуусу менен уулун чаап жиберди.

- Келет, сен калп айтып жатасың, - Дияз дагы бойтоңдой жүгүрүп Саянанын жанына барды, - Биз атама кетип калалыбы?

- Кетип калат элем, таппайм да.

- Мен табам, атам доктурда жатпайбы.

- Мен деле билем, экөөбүз таппайбыз да.

- Окшошкон айбандар десе, силерди шашпа, - деп Асел экөөнү кучактап ыйлап жатты, Нурел ойлоп-ойлоп отуруп чоң энесине кеңешмек болду:

- Чоң эне, бир сөз айтсам макул болосузбу?

- Айта гой берекем.

- Атамдын дагы эки балалуу аялы бар, мен ошону алып келейинби?

- Эмне дейт ботом, аны кайдан билесиң? - Бурма небересин ормое таңгалып карап калды, - Балалуу аялды алып алган беле?

- Жо-ок, атамдын балдары бар, балким ал караар, апам болсо келбейт.

- Болоор бекен?

- Билбейм, эгерде макул болсо алып келейин.

- Барып көр садагам, ал келсе дагы көңүлү көтөрүлүп калат беле? - Бурма үшкүрүнө карады, - Жашаган жерин билесиңби?

- Ооба.

- Анда барсаң бар садага, балама жакшы сөз айтып караар жок дегенде...

- Макул, үйгө барып Баел акемдин машинасын айдап чыгам.

- Этият бол айланайын, - Бурма чөнтөгүнөн акча алып чыгып берип Нурелди жөнөттү. Ал кечке маал шаарга келип апасын таппай алды, үй кызматчы аял менен эле Саида бар экен. Кайра эле Аудини айдап чыгып Аселдин үйүнө келди, эшик тыкылдаганда көптө барып ачты, ал Нурелди көрүп чоочуп кетти:

- Эмне болду? - Аселдин алгачкы сөзү ушул болду.

- Сизди үйгө алып кеткени келдим.

- Эмнеге?

- Атама керексиз го...

- Жо-ок бара албайм, ал менден дагы эки жыл мурун кетип калган, ага алданып мен төркүндөрүмдөн чыгып отурам, ал балдарды дагы ойлогон эмес.

- Кечиресиз, булар атамдын балдарыбы? - Нурел аны жек көрө карап жанында экөөнү карап турган Саяна менен Диязды көрсөттү.

- Ооба ошонун балдары, силерди кандай таштаса буларды да таштап кеткен, - Асел ушинтти да кайра ойлонуп калды: "Бул бала эмеспи, эмнеге айтып жатам, барса барып көрөйүн, балким балдарымдын туугандары менен бирге болушса, ата-энемдин көзүнө көрүнгөнүмө да дурус болоор", - деп ойлонуп калганда:

- Демек барбайсыз, - деди Нурел.

- Апа, баралычы, атама баргым келет, - деди Саяна.

- Шашпа кызым, - Асел Нурелге кайрылды, - Кимдер бар үйдө?

- Чоң энем.

- Болуптур, сен биз менен барасыңбы?

- Машина бар, өзүм алып кетем.

- Жарайт, балдардын кийимдерин алайын, - деп кирип кетти, ошентип Асел Сабырды караганы келди, ал жок дегенде өлсө дагы балдарга энчи берет деп ойлоду, бирок канча азап тартаарын сезбеди. Бурма аны жакшы эле тозуп алды, адегенде эле Саяна менен Дияз Сабырга жабышып:

- Ата, биз келдик.

- Ата, эмнеге барбай койдуң? - дешип жатты, Аселди көрүп Сабыр жүзүн бура:

- Эмне, табалаганы келдиңби? - деди.

- Ооруну табалоо менин жумушум эмес Сабыр, балдардын көңүлү үчүн келдим.

- Келбей койсоң болмок...

- Нурел барды.

- Эмне?! - Сабыр бери бурулуп жалган уктумбу дегендей карап калды.

- Ооба, Нурел барып алып келди, сени караганы келдим.

- Ато-ов, сен ооруп жатасыңбы? - деп Саяна анын көкүрөгүнө жатып алып сурады, - Эмнеге биз келгенде турбайсың?

- Турам кызым, буйруса турам.

- Атам деген биздин каяктан келгенибизди көргөн жок да, - Дияз эдиреңдей карады, - Бизди бир байке алып келбедиби.

- Келгиле эми, чай-пай ичкиле айланайын, жол жүрүп чарчадыңар го, - деди Бурма сүйкүмдүү неберелерин көрүп ичи элжирей.

- Сиз кимсиз? - деди Саяна.

- Мен силердин чоң энеңер болом садага.

- Менин дагыбы? - деди Дияз.

- Ооба, экөөңөрдүн тең чоң энеңер болом.

- Ай-ий, атам эмнеге бизди мурда алып келген жок анан? - Саяна ага тирмие карады, - Менин чоң энем бар экенин билсем мурда-а эле келет элем.

- Мына , эми келбедиңерби кызым, - Бурма күлүмсүрөй карады, Асел анча батына бербей дасторконго отурду, Нурел көптөн бери бул жерде болчу, ал окууга тапшыра албай калды, Баел телефон аркылуу укканы менен келе элек. Сагынай уулунан Сабырды Асел багып калганын угуп аны көргүсү келди, абдан жасана кийинип алып машинасын айдап майда барат базарлык алып келип калды, чынында экөө тең өздөрүнө жараша өңдүү-түстүү да, аялдык мээрим менен жумшактыгы, кең пейилдиги жагынан бирдей аялдар эле. Сагынай келип эле Аселди көрүп саамга унчукпай калды, ал Сабырга тамак берип анан горошок көтөрүп чыгып бара жаткан:

- Сен Аселсиңби? - деди Сагынай көрүп эле.

- Ооба, сиз кимсиз?..

- Мен күндөшүң болом, - Керсейе карап ичкери кирди, - Байкасам менден ашыкчылыгың деле жок экен, эркекти тартып алчу өнөрүң күч болсо керек?

- Балким ошондойдур, бирок мен сиздин турмушуңузду атайы бузганым жок да, - Асел дагы тирелише кетти.

- Үй-бүлөлүү эркекти азгыргандан уялбадыңбы?

- Мага үй-бүлөөм бар деп айтпаган болсочу?

- Сураш керек, өзүңдөн бир топ улуу адамды бой жүрөт деп ойлогонсуңбу?

- Кайдан билдим, сүйдүм деп артымдан түшкөн өзү.

- Жакшы, эми сүйгөнүңдү акырына чейин карап бак, сенде көп акысы бар, - деп ага кыйгач карап ичкери кирип бара жатканда Бурма чыга калды.

- Кел Сагынай, кел балам.

- Келдим апа, Сабырдын токолу келиптир дегенинен көрөйүн деп келгем.

- Болду эми, капырай урушканы келдиңби? - Бурма аны тыя сүйлөдү.

- Жо-ок апа, - Сагынай күлдү, - Эмнеге урушмак элем, эже-сиңди болуп алалы деп жатпайынбы.

- Кой айланайын, азыр экөөңөрдүн урушаар маалыңар эмес, силерде эмненин күнөөсү, баары менин баламда болуп жатпайбы, аны ушул абалында кайра кыйнап койбогула, жакшы болгондун ордуна кайра чөгүп жүрбөсүн?

- Болуптур эми апа, келиниң келип колуң узарып жакшы болуптур, мен кайра эле кетем, сизге набат менен бир аз чай-пай алып келдим, - Сагынай кайненесинен тартына түштү: "Мен эмне болуп жатам, Сабыр жаңы таштап кеткенсип, аны өз өмүрүмдөн чийип койгонум качан, андан көрө ажырашканга макулдугумду берип биротоло башымды ачайын, жаштыгым деги өттү, эми эмнесин кызганам", - деп ойлонуп отуруп калды:

- Асел, чай-пайың болсо алып кел балам.

- Азыр апа, - Асел намыстанып турса дагы кайненесинин көзүнчө өзүн кармап: "Эмнеге келди бул, мени менен тирешкиси келдиби, же кыймылсыз жаткан күйөөсүн кызганып келдиби, акыры кетет да, үй-жайы башка неме, турмушу жакшы болсо керек, айдаганы "Голф" экен, эмнеге ичи күйүп жатат, мага мындай турмушту жасап берип койсо ыраазы болот элем, болгону үйү бар", - деп бир жагы ичи тарып, бир жагы ызаланып дасторкон жайып чай алып келди.

- Аялдар кечиримдүү болуш керек айланайындар, жаман эркек жата калып эшек үркүтөт деп эркектер ошондой болот, илгери аялынын үстүнө аял алып жатса дагы жашап жүрүшкөн эмеспи, экөөңөр тең менин келинимсиңер, баламдын абалы азыр кыйын, андан көрө анын басып кетишине жардам бергиле айланайын, чырактай балдарынын энесисиңер, - деди Бурма, - Бир-бириңди сыйлагыла, экөөңөрдө айып жок, баары меин уулумда, ички өчөшүү менен кек сактаган жүрөгүңөрдү ачып анын күнөөсүн кеч деп кудайдан сурангыла, ал үчүн болбосо дагы балдарыңар үчүн.

- Апа, мен Сабырды эбак эле кечиргенмин, - деди Сагынай күлүп, - Болгону үй-бүлөөсүн таштап басып кеткен эркектин тапканы кандай аял экенин билгим , көргүм келди.

- Көрдүңүзбү анан? - деди Асел.

- Ооба, бир аз жаштыгың болбосо менден ашыкчылыгың жок экен.

- Туура, болгону аялмын, эркектердин жылуу сөзүнө ишенип, боорумду оорутуп оорун жеңилдетейин деген аялмын, энемин балдарымдын эртеңкисин ойлогон.

- Түшүнүп турам, балким балдарыма энчи бөлүп берет деген ойлогондурсуң? - Кыжырлана тике карады, - Өлсө балдарыма бирдеке таштайт деп жүрөсүң туурабы?

- Адамдын ички оюн билип койгон билерман болсо керек?

- Турмуш баарын үйрөттү мага.

- Баарыбыз эле турмуштан үйрөнөбүз да.

- Кой Сагынай, ынтымактуу болгула, силерди көргөн балдар кырылышып калбайбы, эми канча тирелишсеңер дагы ордуна келбейт, балдарыңарды ойлогула, алар эмеле бой жетет, бир тууган болуп чыга келишет, алар урушса силер кайрва бириктиргиле, - деди Бурма.

- Мен кетейин апа, - Саида жалгыз.

- Ботом үй кызматчың барбы?

- Ал деле бар, Саида да бой жетип бара жатат, көз болбосом болбойт да апа.

- Туура, кыз бойго жеткенде көз кырды албашың керек, - деп Бурма ага биртике каткан өрүк кагынан, вареньесинен салып берип жөнөттү, Сабырга кирип сураган да жок: "Өлүп кетпейби, мен оорутуптурмунбу, дагы бир кыздын убалына калгандыр, көрүнгөн менен жүрсө бири каргагандыр, айла жок басып келбейт элем, балдарымдын көңүлүн гана ойлойм", - деп кетип бара жатты. Асел келип эки баласы кирип чыгып Сабырдын бир аз көңүлү ачылгансып калды, ага убактысы менен тамак-ашын берип, алдын которуп, кийимин тез-тез жууп тазалап, жанында отуруп сүйлөшүп турат. Бурма караганда тартынып, заарканып кетчү, эми анча кысынбайт: "Сагынайдын мени көрөйүн деген көзү жок, балдар чоңойду, колунда өлбөстөй оокаттары бар, эми Аселге балдардын метиркесин алып беришим керек эле, кокус көзүм өтүп кетсе булар эмне болот, Нурел келсе апаңа айт дейин", - деген ойдо болуп жатты. Бирок Нурел келбей кечигип жатты, анан апасына кеңешмек болду.

- Апа, - деди ал бир күнү, Асел сыртта кир жууп жаткан.

- Айта гой балам, эмне дегиң келди эле?

- Сагынай ажырашканга макул болсун.

- Болобу ошого?

- Болот, мына булар дагы менин балдарым, Саяна быйыл окушу керек, күбөлүк алына элек, сиз түшүндүрүп айтып келиңиз.

- Макул балам, Асел деле бирөөнүн баласы, орто жолдо жүргөнү болбос, ал турсун ата-энесин чакыртып алсак кандай болот?

- Мен ушинтип жаткандабы?

- Эмнеге болбосун балам, оору деген оору да.

- Аселге айттыңызбы?

- Жо-ок, сага кеңешип жатпайынбы балам.

- Өзүнө айтып көрүңүзчү апа, - Сабыр кыйналгандай болуп кабак чытыды, - Ата-энеси эмне дээр экен?

- Кабатыр болбо балам, телефон деген бар эмеспи, азыр эле сүйлөшө коебуз.

- Макул анда, - Сабыр оор жүктөн кутулгандай терең дем ала жатып калды, Бурма ушул ойду көптөн бери ойлонуп жүргөн, жүрөгү кыжаалат болуп уулум эмне дейт, Асел макул болобу, Кадырга дагы кеңешейин деп ойлонуп жүргөн эле. "Кечинде чогуу отурганда айтайын, Марселди Кадырга чакырып кел дейин, аялы экөө тең келсе Айкан менен Зейнеп келет", - деп өзүнө-өзү кеңешип жатты. Эне дегенди алла эң назик жараткан тура, канчалык баладан азап көрсө дагы балага чын ниетинен нааразы болбойт, сыртынан ачуусу келгенде урушуп алып кайра кудайга жалынып-жалбарып: "Тилиме тибиртке чыгып катуу айтып ийдимби, каргап койдумбу, айланайын кудай кечире гөр, балдарыма зыяным тийбесе экен", - деп күнүнө миң бир ирээт балдарына айланып кагылган эненин эмгегин эмнеге теңей алабыз чиркин. Сабырга ачуусу келгенде Бурма дагы "Куураган бала болду го, катын-баласы менен иши жок эмне кылып жүрөт ыя, же эне-атадан кабар албаса, кандай болду бул, эк өлүгүңдү көрөйүн бала болгон", - деп алып кайра: "Тилиме көөдө жара чыксачы, аман болсо болбодубу, эмне деп эле жатам", - деп жерге түкүрүнүп алчу. Эми минтип кол карап турган учурда уулунун көңүлүн көтөрүп оюндагысын тапканына кубанып, келин кыздарын чакырып кеңеш курмак болуп турду. Кечинде чоң казанга тамак жасатып уул-келини менен кыз-күйөөсүн алдырып сөз баштады, мындайда Сабырды бийик төшөккө аркасына жөлөнгүч коюп катарына отургузуп алат.

- Балдар, мына Аселдин үйгө келгенине дагы үч ай болуп бара жатат, бул дагы бирөөнүн баласы, каргыш-илкиши бар, үйгө чакырып жол-жобосун кылалы, кандай дейсиңер?

- Туура-туура, - деди Кадырбеги башын ылдый сала, - Асел эмне дейт буга?

- Балам, Асел эмне демек эле, кыз калыңсыз болсо дагы каадасыз болбойт, бирөөнүн баласы, эки баланын энеси болуптур, убал-сообу бар балдарым.

- Макул анда, - Кадырбек Аселге карады, - Асел, сен ата-энеңди чакыр, биз алар келем деген күнгө камыналы.

- Ошент айланайын, - деди Бурма. Асел ойлонуп туруп телефонун чалып анан Бурмага берди:

- Бердибек бекен деп сурап анан айта бериңиз.

- Ма-акул, - дегичи аялдын үнү угулду, - Жакшысыздарбы, бул Бердибек дегендики бекен? Ооба-ооба, мен Аселдин кайненеси болом, силерди келип эшик төрүбүздү көрүп кеткиле деп кабарлашып жаттым эле, эми шарт ошондой болуп калды, ооба кайсы күнү келээриңерди айтып койсоңор, ма-акул эмесе келишиңерди күтөбүз, - деп Аселге карады, - Кеңешели деди балам, анан өздөрү айтышат.

- Жакшы болду, чалса бизге кабарлайсыз да апа, биз кете берели, - Кадырбек Бурмага карады, - Кеңешип-таңашып анан айтышат да.

- - Эртең келип кабар ал, мен силерге кайра-кайра киши жөнөтмөк белем? - деп Бурма уул-кызына буйрук бере сүйлөдү. Баштарын ийкеп үй-үйүнө тарашты, Асел өзүнчө: "Атам болбойт чыгар, ал мени кечирбейт, эл катары кылып себиңди берем, өзүбүз көрүп-билген жерге барганың жакшы", - деп атасы айтканда болбой шаарга баса берип көзү түшкөндөрдүн кылтагына далай түшпөдүбү, акыры келип Сабырга таанышып калып пешенесине жазганын көрүп отурат. Ырас эле эртеси телефон чалып Бердибек өзү сүйлөштү Бурма менен.

- Бешөө барат, ушунча жыл унчукпай бирөөнүн кызын алып жүргөнүңөргө жол болсун, ата-энеси жоктой кылып тоготподуңар, эми кыздын багын тилейбиз, эки күндөн кийин барышат, - деп күпүлдөдү эле Бурма дагы кем калбай:

- Куда, балдар айтпай дебей шаарда жашап жүрүп алышкан экен, эми кулдугубуз бар деп атасы болбосо дагы энеси мен, агасы болуп алдыңардан өтөбүз, - деди жай салмактуу сүйлөп, - Келбей койбоңуз, кудагый экөөңөр сөзсүз келгиле, калып калбагыла, калган сөздү дасторкон үстүндө сүйлөшөлү, - деп телефонду өчүрдү.

- Эмне дейт апа, атамбы? - деди Асел.

- Буйруса бүрсүгүнү келе турган болду, кам-чомуңарды көрө бергиле.

- Ырас болбодубу, атамдардын жүзүн карай албай бетиме чиркөө болуп жүрдүм эле, - деп Асел кубанып кетти. Ошентип Бердибек аялы менен улуу баласы аялы менен чоң кызы, эң кичүү баласы болуп өздөрү келишти, Аселге таарынып капа болуп жатып анан сөзгө келишти, Саяна менен Диязды көрүп кайра кубанып калышты, Сабырдын төшөктө жатканын көрүп апасы Асылай кызынан көз карашы менен сурап жатты: "Эмне оорукчан немеге тийип алгансың", "Жок апа, ал оорукчан эмес, убактылуу эле", "Төшөктө экен го ботом", "Ооба катуу ооруду, врачтар турбайт дешкен", - деп сыртка чыкканда ыйлагысы келип араң токтоду. Баарынан кызыгы Айгерим менен Султан Акимович кошо келиптир, көрсө Бердибек менен Акмат бир тууган экен да. Сабыр аларды көрүп башын өйдө кыла албады, Аселди өзүнө чакырып ооруп турганын шылтоо кылды да өз бөлмөсүнө келип ойлонуп жатты: "Кудай ургур десе, мен чындап эле адисимен ашып кеткен экенмин, булар жакын эже-сиңди турбайбы", - деп уялып турду. Бир жагы өмүрүндө ар кандай кыз-келиндер менен жүрүп сүйүү эмне экенин дагы билбептир, Сагынайды болсо, соодага тыңдыгынан эле сүйөм деп алып алганын азыр эстеди, Айгеримди катуу сүйгөнүнөн катуу ойлонуп ушул акыбалга келгенин кантип танат, дени соо болгондо, иши жүрүп турганда анын артынан калбай акыры колуна түшүрөт беле, азыр аны Султандан кызганып кетип жатты. Султаношол карызын бергенден бир жума өтпөй эле ата-энесин анын үйүнө жөнөткөн, көп өтпөй үйлөнүп алды, азыр Айгерим кош бойлуу, ата-энесиникине келди эле Акмат менен Шуру сыйламак болдубу атайын экөөнү кошуп жиберген... Аларды сыйлап кешикти мол салып, кийитти жакшы кийгизип узатышты, муну айылдагы коңшуларынан шаарга келген Сурмакан деген келин төкпөй-чачпай Сагынайга жеткизди:

- Менин алар менен ишим жок, биз эбак ажырашканбыз, - деди ага.

- Ошентсе деле сен барып турасың го, сендей келинди кайдан табат, бул кылганы туура эмес, - деп кагыштырмак болду Сурмакан.

- Мейли, барсам балдарымды эл журтунан алыстатпайын деп барам.

- Өзүң билесиң дечи, Аселди жөн эле кайненең көзүн карап турат экен, - деген Сурмакан жолуна түштү, Сагынай аябай ойлонду: "Эмне кылса дагы туура, ооруну баккан оорулуу дегендей кулак мээм тынч, өз оокатым өзүмдө, жашоом кудайга шүгүр, ошонусу жакшы болду, мени бактырып койсо эмне кылат элем", - деп өзүн-өзү сооротту. Арадан дагы бир айдай өткөндө Баел келип калды, атасынын акыбалын, чоң атасынын өлгөнүн угуп айылга бармак болгондо Сагынай аны жалгыз жөнөтө албай өзү алып келди. Негедир Асел бул жолу аны жакшы тозуп алып, дасторконун жайып коноктоду, мамилелери ошондон баштап жакшы болуп кетти. Бурма айыл өкмөтүнө сүйлөшүп эки балага күбөлүк менен закс алып берип койду, анткени айыл өкмөтү Кудайберди инилери болуп кетчү. Берчүсүн берип койсо азыркы кезде мыйзамдагы аялын деле текшербей калбадыбы, Сагынай менен Асел эже сиңдидей болуп калды, Сабырды келген сайын сурап кем-карчысына жардамдашып, укол-дары керек болсо алып берип турчу болду. Бирок Сабырдын абалы жеңилдемек турсун кайра оорлоп күн өткөн сайын жанына киши жолотпой кагынып-силкинип калчу болду. Анын бул жоругуна Асел кээде ыйлап кээде күлүп тим болот.

- Мени эмнеге минтип багып жатасыңар? - деп бакырды бир күнү Сабыр, - Же менин жалдырап жатканым силерге жагып жатабы?

- Сабыр, тобо келтирсең боло балам, - деди Асел ыйлап чыкканда Бурма келип.

- Тобо дейинби, мунжу болгонума тобо кылайынбы?

- - Кудайга тобо келтирсең жагасың балам, алланы кекетип эчтеке таппайсың, андан көрө сакайып кетейин деп шүгүр ушунчалыгына де.

- Ооба, айта бересиңер да, - Сабыр ары карап кетти, эне эмеспи, уулунун азгын өңүн көрүп жүрөгү сыздады, айласы жок оорусун айыктыраар, колунан келсе бир күн дагы жаткырбай жүгүртүп койгусу келет, көпкө чейин аркы-беркини айтып отурду, Сабыр үн катпады, балким тагдырына таарынгандыр, же өзүнүн туура эмес кылган иштерине өкүнгөндүр, ошол учурда алардын үйүнө Темирбек кирди:

- Ас-саллому Алейкум Саке.

- Кел Темке кел, - Сабыр жайдары учурашты.

- Саке, мен сенден кечирим сурайын деп келдим.

- Эмнеге, кайсы күнөөң үчүн? - Сабыр таңгала карап калды.

- Баягы сен берген миң долларды бере элекмин...

- Эмне? - Чекесин тырыштыра башын көтөрдү.

- Ошол, ал акчаны иштетип алайын деп банкрот болуп, андан кийин аялым экөөбүз шаарга кеткенбиз, - деп Темирбек башынан өткөнүн айта баштады...

Темирбек аялы Кумарбү экөө балдарын айылга таштап азыраак акчасы менен соода кылууга барышты, бирок аз акча аздыгын кылып же батирине же товары менен ичкен жегенине жетпей абдан кыйналышты, акыры Кумарбү:

- Экөөбүз жүргөндө болбойт экен, мен балдарды карайын, сен эптеп иште, - деп күйөөсүнө кеңешти.

- Мейли, барсаң бар, мен аракет кылам, - Темирбек балдарына кызыл жабар кылып момпосуй печенье алып берип аялын жөнөтүп ийип өзү эптеп арзан товар алып сатып жүрдү, кээде тартып ичип акчасын аяса дагы болбой акчасы артка кете берди. Акыры кээде зээни кейип жүздөн жутуп алчу болду, карыздарын ойлосо уйкусу качып туулуп өскөн айылы, ата-энеси менен үй-бүлөөсүн эстеп жүрөгү ооруп жакшы эле тырышты. Акыры колунда акчасы жок калып өзүнө окшогондорго жолугуп жатаар жери ээн талаа, кышкысын кабат үйлөрдүн жертөлөсү болуп калды. Ошентип жүрүп Сабырды көрдү, артынан барып жакшы эле жолугуп акча сурамак болду, бирок мурунку аманат акчаны бербей койгонун ойлоп жүзү чыдабай кирген үйүн көрүп: "Такыр айлам кетсе сурайм", - деп кетип калды. Кийин Сабырды жоголду деп жарыя илгенден кийин атайын балдарына чалып жашаган жерин көрсөтүп берип үч жарым миң сом алгандан кийин соода кылып иши жүрүп товары көбөйдү. Сабырды ооруп калды деп укканда беш миң сом алып келип отурганы эле:

- Саке, мен кечирим сурайм, бул акчаны болсо дагы алып тур, бөлүп-бөлүп берейин, - деди Темирбек.

- Атаман сураганда алдым дегендей кылды эле.

- А киши биз шаарга кеткенде барыптыр, бирок акча жөнүндө айткан эмес экен, эстүү киши акыбалыбызды түшүнсө керек.

- Эми ишиң жакшыбы? - Сабыр кызыга сурады.

- Ооба, кудайга шүгүр, соодага көнө түштүм окшойт, сенин акчаңды бербей иштетем деген ач көздүгүмдүн залакасы тийди, көрсө бирөөнүкүнө эч качан көз артпай жашасаң ак эмгегиңден көрөт экенсиң, мени кечир Саке, андан бери канча жыл өттү, - деди Темирбек башын кашылай.

- Эчтеке эмес, мен сага бир иш тапшырамын, ошону алып кетсең элүү пайызын мага берип турасың, - деди Сабыр, - Асел, менин папкамды алып келчи!

- Кандай иш Саке? - Темирбек бүшүркөй карады, дагы бир балээге калбаймынбы деген ой турган эле.

- Бул папканы айтасыңбы? - Асел ага кара папканы алып келип берди.

- Ооба, - Сабыр аны алып колунан ача албай буйдала түштү да, - Темке муну ачып кагаздарды алып берчи, - деп Темирбекке сунду, ал айтканын кылды, анда ишкана ачылган документтери бар эле, кароолчусу али бар.

- Жарнамалык жумуштары бар, өзүң эпте ушуну, сен иштетип турсаң мен дагы сакайып кетсем экөөлөп иштетебиз, сен жардамчым болосуң, - деп Сабыр оор дем ала үшкүрүп ийди, - Кө-өп кетпедимби, акчанын санын билбей ар жакка чачып ысырап кылдым, эми минтип кол аягым байланып жатам, - муңканып кетти.

- Досум мен ишкананы иштеткенди билбесем кантем?

- Оңой эле, адегенде жумушчуларга жарнама бер, - Сабыр аны кагаздары менен тааныштырып жолун үйрөтүп жатты, - Эсепти жакшы билип, иштеткенди колго алып жетекчи болууга жарасаң болду. Жакшы жүрүп турганда өзүм кылбадымбы, - Сабыр өкүнгөнүн айтып отуруп, - Бул беш миңди деле ал, мен кечтим сенин карызыңды, ансыз да канча акчаны чачтым..

- Оо Саке, мунуң болбойт го, баары бир карыз деген карыз.

- Негизи аны мен сага карызга берген эмесмин эсиңдеби, үйгө берип кой дегенмин, демек кутулдуң.

- Ырас эле айтасыңбы Саке ыя? - Темирбек кубанганынан ыйлап ийе жаздады.

- Теңир жалгасын Саке, сакайып кет, сендей адамга минтип жаткан жарашпайт айланайын, ылайым сакайып кет, - деп колдорунан өпкүлөп жиберди.

- Айтканың келсин Темке, ишти баштагын кечикпей.

- Жарайт, буйруса ишти баштайм, - деп Темирбек чын дилинен ыраазы болуп үйүнө кайтты, Сабыр оор жүктөн кутулгандай жеңилдей түштү: "Мейли, ишти алып кетсе болду, балдарын баксын, менчилеп кыз-келинге чачкан жок да, байкуш карыган ата-энеси менен үч баласын багам деп кыйналган тура, мейли кечтим ал акчадан, буйрусун тапканы өздөрүнө", - деп ойлоду. Айткандай эле Темирбек адегенде эле өзүнүн досторун, туугандарын ишканага тартып,, нөлдөн баштады, бир ай, эки ай дегенде кадимкидей натыйжасын бере баштады. Жарым жыл дегенде Сабырга келди Темирбек.

- Оо кел Темке, кел, - деп Сабыр аны жакшы карап тозуп алды, ал мурункудан туруп отуруп калган, бир колу сенек болгону менен эптеп аяк шилтеп калганга Бурма дагы кубанып аны чоң молдолорго дем салдырып жатып жакшы боло баштаган болчу.

- Келдим, ден-соолук кандай Саке? - Кол алыша учурашты, Сабыр сол колу менен учурашчу болгон.

- Кудайга шүгүр, түзүкмүн Темке, кел отур.

- Келдим Саке, сага кандай ыраазычылык билдиреримди билбей жатамын, иш болсо жакшы, элүү пайыз дедиң эле ошону алып келдим, үч-төрт ай өзү менен өзүн жаап жаттым, эми буйруса жолго түштү, - деп бапыраган Темирбек конвертке салган акчаны анын алдына койду.

- Кыскасы иш жүрүп турса болду, муну деле бекер алып келипсиң, алып коеюн, мындан ары дагы беш алты айга чейин мага бербей ишкананы бутка тургуз Темке, мен сага ыраазымын, продукцияны көбөйтүп алсаң башкасы эчтеке эмес.

- Туура, эми кичине жарнамалар жакшы кетип кардарлар көбөйүп ишкана бутка турайын деп калды, көп иштеп аз эс алыш керек болуп жатат Саке, үй-бүлөөмдү алып кетпесем кыйналып кеттим, - деди Темирбек чын сырын айтып.

- Ошент, үй-бүлөөңдү алып кетпесең болбойт.

- Эмесе мен кетейин, убакыт тар, дагы бир-эки мекеме менен келишим түзүп жаттым эле, пайдасы дурус боло турган, - деди Темирбек туруп.

- Ой чай-пай ичсең болот эле.

- Жо-ок, нан ооз тийейин, аялымды камын дейин.

- Макул анда, ишиң илгери болсун, буйруса жаздан баштап өзүм дагы чыгып калаармын, башкысы иштин көзүн билгениң жакшы болду, - Сабыр Темирбекти эшиктин оозуна чейин узатып барды, - Жакшы бар эми.

- Сакайып кет Саке, кабарлашып турабыз го, - Темирбек шашыла жөнөп кетти, Сабыр аны узата карап туруп: "Азамат, иштин көзүн билет экен, жакшы кылган экенмин да ишкананы берип, ак ниет бала, эмгегинин үзүрүн көрө берсин, акыры бул фирманы балдарымдын бири жетектейт да", - деп ойлонуп бир бутун сүйрөп басып келе жатканда Саяна жүгүрүп келди:

- Ата-а!

- Эмне болду кызым?

- Бир кыз мени оюнга кошпой жатат.

- Эмнеге?

- Билбейм, сен билбейсиң дейт.

- Саяна, тур ойной бер, арызданганыңды кой! - деп Асел ары жактан колун кезеди, - Өзүң ойной албайсың да арызданасың.

- Кимдин кызы экен? - деди Сабыр.

- Ой коңшунун эле кызы, кызың өзү чырдай берсе кошпойт да.

- Эрке кызым десе, сен антип чырдабай ойно да, Дияз дагы ошол жактабы?

- Ооба ойноп жатат.

- Бара гой, мен үйгө кирейин, - деп Сабыр ичке кирип жатып калды, ал көпкө жатып калгангабы буттары көп басканга ооруп кетет, күчсүз эле.

Сагынайдын бизнеси улам көбөйүп отуруп ар бир райондон бирден дүкөн ачып койгон, товарларын жеткирип эсептешип турат, Баел кайра кеткен окуусуна, Нурел болсо окууга тапшырмак болуп катуу даярданып үйдөн чыкпай окуп жаткан. Ал өз күчү менен тапшырмак оюнда, Саида онунчу класска келип калган, үй түйшүгүн билбейт, даяр оокат, кийими жуулуу, сабакты жакшы окуйт.

- Апа, - деди ал бир күнү, - Атамдар көрүп келбейлиби, Саяна менин сиңдим болот экен, жакшылап таанышмакмын.

- Атаңды көргүң келсе барып келели, Нурел сен дагы барасыңбы?

- Барам.

- Анда камынып тургула, Тариел менен Кемелди да алып алалы, мен майда чүйдө алып келе калайын - деп Сагынай базарга кетти. Ал келгенче камынып даяр болуп турушкан, дароо эле жөнөштү. Бурма тигил же бул деп бөлбөй баарына бирдей карайт, Асел дагы аларды жаркылдап тозуп алды, Сагынай Сабырдын башын куттуктап костюм шым менен калпак алып келип кийгизди:

- Жакшы болуп кетишиңди каалайбыз Сабыр.

- Рахмат Сакин, - Сабыр ыраазы болуп турду, мени силердин жакшы мамилеңер эле сакайтты, колуңардан келсе мени кечиргиле, чынында мен чоң жаңылыштык кетирдим, - дегенде Бурма уулуна карап:

- Жаман кишиче айтып жатканын кара, Сагынай качан эле кечирген, кайра-кайра эле айта берет бекен, ооругандан бери айтып эле жатасың, болбодубу эми.

- Эмне кылайын апа, балдарымдын жүзүн карагандан дагы уялам.

- Өтөөр иш өттү, болоору болуп боесу канды, мындан аркысын кадамыңды аярлап баса турган бол балам, эркектин кайталап эле өзүн басынта бергени болбойт.

- Апам туура айтат, - деди Сагынай, - Эми ойлонуп иш кыла турган бол.

- Ооба, апамды кейитип, бизге окшогон аялдардын жинин кайнатпай турган бол, - деди Асел күлүп, - Биз го көнүшүм калдык, эми дагы бирөөнү биз кабыл албайбыз ээ Сагынай эже?

- Албетте, ошого кошуп өзүн кубалайбыз, - Баары күлүп калышты, Сагынай ал күнү кызынын көңүлү үчүн калып калды, Саида Саяна меен Диязды ээрчитип дүкөнчөдөн шоколад, бал муздак алып берип кайра келди, Саяна экинчи класс болуп калган, Диязды биринчиге берсе окуй албай ыйлап келе берип окутпай коюшкан, чоңойсо окусун, жаштык кылат деп.

- Саида эже, сиз менин эжем болосузбу? - деди Саяна.

- Ооба, эжеңер болом, а силер менин бир туугандарым болосуңар.

- Чын элеби, анда эмнеге сиздин апаңыз бөлөк?

- Мм, - Саида жооп таба албай калды.

- Мен сизди жакшы көрөм да, - деп Дияз алаксытып кетти.

- Мен дагы экөөңөрдү жакшы көрөм, биз эки кызбыз ээ Саяна?

- Ооба, Дияз жалгыз.

- Жо-ок, Дияздын төрт агасы бар, Тариел менен Кемел дагы агасы болот, Баел, Нурел агаларыбыз бар, биз жети бир тууганбыз.

- Ай ий, биз көп турбайбызбы ээ Саида эже?

- Ананчы, эми келгенде сага сонун сүрөттөрү бар жомок китеп алып келип беремин ээ, сүрөт тартасыңбы?

- Ооба тартам, калемдеримди болсо Дияз талашып сындыра берет.

- Диязга өзүнчө, сага өзүнчө альбом, сыр калем алып келип берем макулбу?

- Макул.

- Жакшы окуп жатасыңбы?

- Беш алам, анан эсептен үч алып калам.

- Эмнеге, эсепти билбей жатасыңбы?

- Ооба, эжей түшүндүрүп бербейт.

- Эжейиң жаман тура ээ?

- Мага жакпайт.

- Жүрү эми үйгө кирели ээ? - Саида аларды ээрчитип үйгө кирди.

- Оо эжеси экөөнү майрамдаткан го? - деп Сабыр кубана күлүп калды.

- Сиңдим менен инимди бүгүн бир тойлоттум да, - Саида күлө карап Сабырды эңкейип келип мойнунан кучактап өөп эркелей кетти.

- Ато-ов, - деп Саяна бир жагынан келди.

- Ананайын кыздарым менин, ырыстарым да.

- Ата, Саида эжем болсо анда апасы эмнеге бөлөк? - деди үйрөткөндөй Саяна атасына.

- Саяна, андай дебей жүр! - деп Асел уялып кетти, - Антип сураба да кызым.

- Мейли, бала эмеспи, - деп Сагынай күлүп тим болду: "Ушундай сөздөн күнүлүк башталат да экиге бөлүнөт, ак караны ажырата элек жатып айткан сөзүн кара", - деп алды ичинен. Сабыр кызаңдай күлүп тим болду, анын айтаар жообу жок эле... Бир күн туруп Сагынайлар кетишкенден кийин Асел кызын тилдеп жатты:

- Экинчи антип сурабай жүр уктуңбу?

- Эмне болот, анан мени бир тууганым болосуң дебедиби, биз Дияз экөөбүз элебиз го?

- Ал туура айтат, Саида дагы Сабырдын кызы, антип сурасаң жаман көрүп калат, Дияздын агалары бар, антип бөлүнбөй жүргүн.

- Чын эле алардын апасы бөлөк болсо деле бир тууган боло береби? - дейт Саяна ого бетер көктүгүн кармата эркелеп, Асел аны Бурма угуп калабы деп уялат, - Айтчы апа, мен атамдын жа-алгыз кызы болгум келет.

- Кой дейм антип айтпай жүр, мен капа болом.

- Мен сени капа кылбайм апа, экинчи айтпайм.

- Ошент кызым, сен акылдуу кызсың да, - деп Асел кызын өөп койду.

- Мен дагы Саида эженин апасын апа десем болобу?

- Болот кызым, болот апа дей бер, - Асел шашып калды, кызынын ыңгайсыз суроолору аны таңгалдырып жаткан: "Бала туруп өтө эле тике, бирөө болбосо бирөөнүн сөзү тийбегендей эле, кой дегенге дагы болбойт", - деп ичтен сары санаа болот. Сабырды карап аябай кыйналды өзү дагы, кудай жалгап сакайып бара жатканы кубантып турат. Кээде ушул жашоого дагы кайыл болуп кетет. Эри жок төрөп алды деген сөздөн канча корунуп жүрдү, бир гана сиңдиси жанында болуп көңүлүн көтөрүп турчу, ал турмушка чыгып кеткенден кийин жалгыз калып Азамат менен таанышып жүрүп алганын ойлоп Сабырдын көзүнө тик карай албай кетет: "Эркек кылса билинбейт тура, аялдыкы уят экен, ырас эле келиптир, экинчи аял десе эмне экен, Сабыр ага барбайт деле, менин эле күйөөм да, эл айтса айтып кала берет", - деп ойлоочу болгон. Бир күнү үйгө кирип келсе Сабыр кыймылдабаган бутун муштагылап уруп жатыптыр:

- Эмне кылып жатасың? - деди Асел.

- Болсо болсун, болбосо мени алып тынсын да, тажадым сүйрөлүп жүргөндөн, - деп өзүнчө жинденип алыптыр.

- Кудайга шүгүр десең, жатпай басып калдың.

- Тажадым Асел, бу тирүүлүгүңдүн кызыгы акча табыш эмес ден-соолукта болсоң анан билинет турбайбы, - Сабыр жаман болуп кетти, - Апамды чакырчы.

- Эмне кыласың?

- Чогуу сүйлөшчү сөз бар.

- Макул, - Асел чыгып Бурманы ээрчитип кирди.

- Эмне болду балам?

- Отурсаңыз апа, бул акчаны Темирбек берип кетти, эгер акчадан кысылсаңар жарымын алгыла, калганын бей-бечераларга бөлүп берчи апа.

- Макул балам, канча акча экен?

- Миң доллар.

- Мейли балам таратып бер, Аселге керегине жарай турганынча бер, калганын тарат, - деди Бурма көңүлүнө макул келип.

- Сиз таратып бериңиз.

- Кой балам, сен батасын ал, мен андан көрө өзүм билгендерди үйгө чакырып келейин макулбу? - Аселге карап, - Сен жакшылап тамак жасап кой балам, - деди.

- Ошондой кылыңыз, апа өтө эле кыйналгандар барбы?

- Бар балам, балдарын окута албай жаткан эки-үч үй-бүлөө бар.

- Жакшы болот, ошондойлорго бериш керек, - деди Сабыр, Бурма үйдөн чыгып үч төрт үй ары жактагы Чырмашты аялы менен Үмөтбекти аялы менен анан жесир келин Кермеканды чакырды, беш баласы менен эптеп оокат кылып жаткан эле, андан чыгып Бөрүгул чалдын үйүнө келди, анын дагы жалгыз баласы өлүп калып кемпири экөө кичинекей небереси менен жашап жүргөн. Алар үйгө келгенде сыйлап тамак берип сүйлөшүп отуруп анан беш миң сомдон акча берди:

- Ушуну жардам катары берейин, жаман ойлобой батаңыздарды берип алып коюңуздар, - деди Сабыр.

- Ой айланайын балам, ушу заманда акча берген кишини ким жаман көрөт? - деп бакылдады Чырмаш, - Ылайым сакайып кет, бала чакаңдын урмат сыйын көр балам.

- Ооба-ооба, туура айтат Чырмаш, тилегиң кабыл болуп эл арасында сый урматка жет балам, - деди Бөрүгул чал алаканын жая, - Өрүшүң жайык болсун, өркөнүң өсүп бала-чакаңдын бактылуу ата-энеси болуп аман жүр балам, Оомийин олохуавар!

- Кем болбо балам, тилеген тилегиңди берсин алла таала, - дешип бата берип ыраазы болуп кетишти. Алар кеткенден эки-үч саат өтпөй эки-үч аял келиптир, аларды Бурма үйгө киргизди.

- Келген экенсиңер айланайын, кандай жумуш менен келдиңер эле? - деди бир чыныдан чай куюп.

- Эне, менин жети балам бар, күйөөм эч нерсе иштебейт, эки баламды окууга киргизе албай калдым, Сабыр бей-бечерага жардам берип жатыптыр деп угуп эле...

- Ооба, мени дагы билесиз Бурма эже, - деди бири ыйламсырай.

- Мейли айланайын, колунан келгенин берет, - деп Сабырды чакырып чыкты, үчөөнө үч миң сомдон берди эле кайра-кайра алкап жатып жолго түшүштү. Баарынан кызыгы кечинде башталды, мындайыраак туугандарынын аялы менен коңшусу келиптир:

- Ай Бурма, элге берген куруттан мени неге куруттуң дегендей мени унутуп калганың эмнең, Чырмаш менен Бөрүгул чалга караганда тууганбыз го? - Алкынып кирсе болобу.

- Ооба десең, эшиктеш турабыз го ботом, мени унутпаса болмок, - деп коңшусу таарыныч кыла сүйлөдү.

- Чоң апа, эже, - деди Сабыр, - Мен кудайга жагаар иш кылайын деп бей-бечерага бердим, сиздер кудайга шүгүр эле турасыздар го? - Күлө карады.

- Ай мен жыргап кетти дейсиңби, чоң атаң өлгөндөн бери балдардын баласын багып эле куурап жүрөм, бирине жеткирсем, бирине жетпейт, - деп Гүлүйпа мурчуңдай карады, - Мейли мени алакчыласаңар өзүңөр билгиле.

- Мен деле пенсиямды карап отурам го, кенже кызымды күйөөгө кеткени эчтеке бере албадым, Бурма өзү деле көрүп турат, - деди Зуурабү, Сабыр акырын туруп барып калган акчаны экөөнө эки миңден бөлүп берди. Алар бата берген менен иши жок эле "кудай жалгасын, сакайып кет", - дешти да чыгып кетишти.

- Ыя апа, эл деген кызык тура ээ? - деди Сабыр алар кеткенден кийин күлүп. - Мен го ичим ооруган жок, атайын элге берейин деген акча болчу, Күлүйпа чоң апам эмнеге минтет, кудайга шүгүр эле мал-салы бар го?

- Ээ мейли балам берген кудайга жагыптыр деген, өзүң эле сакайып кетсең болду.

- Кайыры тийсин де, уялбай өздөрү сураганга эмне дей алат элең? - деди Асел.

- Ооба, кудай кайрымын берсинчи балам, сакайып эл катарына кошулуп кетсең ошол олжо, - деп Бурма ага карап койду. Ошентип дагы бир чоң иш кылгандай жеңилдеп алды, андан кийин дагы биринен-бири угуп келгендерге таңгалды, бирок кудай үчүн жасап жаткан ишине кубанып барына бар деп, кээсине атайын апасынын пенсиясынан берип жатты. Дагы бир жылдан соң Сабыр кадимкидей эле болуп калды, бирок саал оң бутунан сылтып, оң колу жакшы иштебей калды. Баарынан дагы төрт дубалды тиктеп жаткан күндөн өткөнүнө тобо дечү болду. Асел шыпылдап кайненесине чаң жугузбай багат, жаны тынбайт, кубанганы Сабырдын сакайып кеткени, кээде өзүнчө отуруп: "Өлсө жок дегенде балдарымды эли журту билип калат, атасы экенин тааныйт, аз болсо дагы экөөнө энчи берер", - деген оюн эстеп уялып кетет. Пенденин оюна ар кайсы келээри бышык эмеспи, азап тартты, анын эми үзүрүн көрөөрүн билди, келгенине ыраазы, болуп жүрдү. Сабыр айтканындай эле ишкананын бир жылдыгына барды, анын келээрин билбеген Темирбек зыңкыя кийинген, атайын бир жылдыгын жумушчулары менен белгилегени жатышыптыр, жумушчу болуп аялы Кумарбү дагы жүрөт, Темирбек сылтып басып келе жаткан Сабырды көрүп эле утурлай басты:

- Оой Саке, келээриңди айтып койсоң болмок экен, кел-кел! - Экөө кол алыша учурашышты.

- Айтканда эмне, өз көзүм менен бир көрөйүн дедим да.

- Жүрү-жүрү тигил жакка, жумушчуларга сени тааныштырайын, - деп элде Темирбек калдастап калды.

- Жок-жок Темке, сенин ишиңе тоскоол болбоюн, жөн гана байкап көргөнү келгенмин, азамат ишти жакшы алып кетипсиң, ыраазымын сага, - деди Сабыр токтоо.

- Кой, жок дегенде конок бол.

- Жок досум, мен кете берейин.

- Анда даам сызып кет, - деп бир келинди чакырды эле жетип келди, - Даамыңардан алып келгилечи бу киши кайра кетем деп жатат.

- Жарайт Темирбек Убукеевич, - деп ары басып кетти.

- Мына ушундай Саке, иш чачтан көп, кол бошобой бара албадым, эртең жолугалы эми, - деди Темирбек ага.

- Болуптур, мен мейманканада болом.

- Мейманканада эмне бар, эптеп бир үй алганмын, арзанынан, - деп Темирбек кайсалактап калганда Сабыр баарын түшүндү, - Үйгө эле бар, мен шоопурга айтайын жеткирип койсун, - Ошол кезде табакка таттуулар менен өрүк-мейиз салып алып келди.

- Жок, силер эс ала бергиле, мен бүгүн бир жерде кономун, эртең келем, - деп Сабыр аны менен коштошо жолуна түштү: "Өзүм кыла албаган, кармай албаган нерсени бирөө кылса ичим күйүп эмне кылам, жалаң ойноп күлгөнгө жумшап ишкана менен ишим болбой калбады беле, азамат иштете берсин, иштин көзүн билген ушу да", - деп ойлоп кетип жатты. Эртеси Темирбек өзү телефон чалып чакырды, кабинетке суусундук менен ичкиликти, козунун этинен шашлык жана грилди алып келип даярдап күтүп отуруптур, экөө бирге чай ичишти. Сабыр ичкилик ичпеди, анткени ал намаз окуй баштаган эле, бул сыноодогу жашоосунда колунан келишинче элге жардам берип өзү дагы кыйналбай өмүр сүргүсү келди, ошондо гана тирүүлүктүн вазийпасын өтөгөн болот, ошондо гана баардык күнөөлөрү жуулбаса дагы өзүнүн жан дүйнөсү жеңилдеп, жашоого көз карашы башкача болот эмеспи...

Элмара менен Самат кечке маал келишкенде алар даяр турган эле, Сымбатты кошуп алышкан, карыганда оорунун азабын тартты, эми сый көрүп көңүлү көтөрүлсүн деген ойдо болду Элмара. Ага Жамбы менен Болот дагы кубанышты, карыны сыйлабаган адам эмес, карысы бардын ырысы бар деп бекер айтышпаса деле керек. Келининин адамгерчиликтүү, боорукер жана улууну сыйлай билгени кайната-кайненеге абдан жакты. Чогулуп чоң кайнатасыныкына түшүшкөндө Элмара жолукту көзүнө түшүрө артка карай байлап алган, босогодон эле жүгүндүрдү Жамбы.

- Бай бол айланайын, башыңдан ак жоолугуң түшпөй бак-таалайлуу бол, келген жериңден бак тап, ырыс кешиктүү болуп Самат экөөңөр этегиңер толо бала, эшигиңер толо мал болсун, оомийин оло-оху ааквар! - деп Турус бата берди.

- Айтканыңыз келсин ата, - деп уул-келиндин ордуна Жамбы жооп кылып батаны кабыл алды. Алып келгендерин дасторконго жайып, кийит кийгизгенде дагы, - Ата, бул кийитти Элмара менен Самат атайы сиздерге деп алып келиптир, - деп экөөнө тең адеми, кымбат чапандар менен жоолук, калпак кийгизип, көйнөктөрүн алдына койду, - Бул себинен келген жууркан төшөк, бул дагы септен, - деп килемди жая салды, - Ушул неберелериңизге бата берип койгула ата, апа.

- Ылайым кем болбогула, жамандыктан алыс болуп жакшылыкка жанашып, уул-кыз көргөн бактылуу ата-эне болуп элдин алды, журтуңардын камын ойлогон эл үчүн күйүп жанган эл уул-кыздарынан болгула балдарым, - деп Кемпир чал бата беришти, Элмара жүзүн жаап алып жүгүнүп турганда Самат акырын:

- Болбодубу, жүр отура бер, - деди.

- Уят эмеспи, улуу кишилердин арасында отурган, жүрү ашкананы көрсөт, мен чай коеюн, чоң ата, чоң энебизге аз дагы болсо кызмат кылайын, - деп Элмара аны ашкана жакка алып кирди. Сымбат сыйлуу орунда отуруп сүйлөп жатты:

- Кудай, кудагый менин эми өлөөрүмдөн башка өсөөрүм калган жок, жалгыз кызымды эки баласы, күйөөсү менен өлтүрүп кеткенде мен өзүмдү билбей калып оорунун азабын көп жыл тарттым, Элянын кандай өскөнүн дагы көрбөдүм, бул ошондо төрттөн бешке араң эле караган кыз болчу, Талантбекке рахмат, жакшы өстүрүптүр, бирок балдарымдын байлыгы эсепсиз эле да...

- Кудай жанын жаннаттан берсин, бул жазуу, - деди Турус.

- Ооба, абдан күтүрөп келе жаткан, эми эмне дейин, каргадай болгон көчөт кыз силердин колуңарга келип бүлөө болду, эч кимиси жоктой кылбай өз бооруңарга тартып бала кылып алгыла, - Сөзүнүн аягында муңканып кетти, - Бу адам тирүүлүктүн баркын билбей жансыз дүйнөнү чогултуп, дүнүйө мүлктү опаа боло тургансыйт экенбиз, бирок ошол дүнүйө мүлк өзүңө жоо болгонун көргөндө бул дүйнөдөн чарчы чүпүрөк буйрубасына көзүбүз жетип баарына кол шилтеп басып кетет экенбиз , ден-соолуктун кадырын соо кезде билбей ооруганда гана билет экенбиз, айтаарым кызымдын бир өмүрүнө тете болчудай байлыгы бар, аны жадагалса Талантбек да Эля дагы билбейт, - деди Сымбат үшкүрүнө, - Аны мен гана билем, Эляны байлыгы үчүн эмес адам катары кабыл алып өмүр бою көңүлүн чөгөрүп, жүрөгүн оорутпасаңар экен... - Талып жыгылып баратты.

- Ай-ай кудагый, өзүңүздү кармаңызчы, дүнүйө жерге кирсин, - деп Жамбы кармай калды.

- Дарымдан ичейин, - деп араң шыбырады Сымбат.

- Көп кейип койдуңуз окшойт кудагый, Эля эми биздин бүлөөбүз, балабыздын сүйүп алган жары, аны көп ойлоно бербеңиз.

- Кантип ойлобойм балдарым, жалгызымдын түбүнө жеткен байлыкты мен жердин жети кабат түбүнө жоготмок болгонмун, - Эс ала үшкүрүп алды, - Аны таап алгандар дагы бири-бирин өлтүрөт деп коркуп отурам, айтпай кетсем кудай мени кечиреби кечирбейби билбейм.

- Кудагый, өзүңүздү-өзүңүз кармап дасторконго караңыз, мына жээн дагы болсо туяк калыптыр, ушуга тобо деп жакшылыктарына күбө болуңуз, жакында буйруса үлпөт той берсекпи деп турабыз, ошондо катышасыз, - деп Болот бакылдады.

- Ооба айланайын, жакшылык эле болсунчу, - Сымбат үшкүрүнүп алды, Элмара шыпылдап идиш-аягын тейлеп жүрөт, бир аз иштерди жасай албай жүрүп эми көнүп баштаган. Казан кармап эт бышырган келин, балдар деле бар, алар менен таанышып тамашалашып көнүп бара жатат. Самат андайда таптакыр эле кызганып жанынан чыкпайт. Элмара ого бетер тамашалашып туруп калса аны колунан жетелеп үйгө алып кирди:

- Чоң атамдарга келиндей болуп чай куюп отурбайсыңбы.

- Эмне болду, азыр чай куям, - Элмара күлө карады, - Сенин туугандарың менен жакындан тааныш болсом болбойбу Самат.

- Жаш келин эркектерге сүйлөбөйт, атамдар көрсө уят.

- Өзүң кызганып жатасыңбы?

- Жо-ок, кызганбайм.

- Анда эмнеге, келиндер деле жүрбөйбү.

- Болду эми, жүрү үйгө, - Экөө жетелеше ичкери кирди. Сымбат небересинин бактылуу жүзүн көрүп ичинен кубанып турду: "Алганы өзүнө теңтуш, келген жери түшүнүктүү экен, каргадай көчөтүмдүн көз жашын көрбөй өлсөм экен, эми буга ата-энесинен калган алтынды берсем болоор бекен, же кадырына жете албай чачып ийеби, же дагы бир ниети бузуктун көзү түшүп зыяны тиеби", - деп сары санаада. Аерде конок болуп, Маанайдын кийиттерин кийип, энчилерин алып үйлөрүнө жөнөштү, Турус менен Маанай небере келинин алып калышты, эки-үч күн колубузда турсун деген эле. Самат аларга көнүп калган, анткени кичинесинен колунда өскөн, Элмара эрте туруп карыларга чайын кайнатып, үйүн жыйнап таенесин кошо карап жатты, оорукчан кары небереси менен калган. Кирин жууп, үйүн тазалап, жайып жаны тынбайт, Самат анын жанында, кошо жардам берип жүрөт, бир жумадан кийин гана Маанай:

- Эми үйүңөргө баргыла балдар, биз ушуга дагы ыраазыбыз, небере көрдүк, небере келиндин колунан чай дагы ичтик, биз ыраазы кудай ыраазы садагалар, - деди мээрин төгө карап.

- Чоң эне, келиниң жактыбы деги? - деп Самат эркелей кетти.

- Арам десе, сага жаккан келин мага жакпай калабы, сенин бактың биздин дагы бактыбыз садага, - Чекесинен өптү, - Келе гой Эля, сен дагы менин жүрөгүмдүн бир бөлүгүнө айландың айланайын, - деди эле Элмара келип бир жагына отурду, Маанай экөөнү эки жагына кучактап өөп, - Менин ырыс-бактымсыңар айланайындар, бактыңар кемибесин, ылайым бириңди-бириң колдоп-жөлөп сыйлап-сүйүп жашагыла.

- Рахмат чоң эне, силер бар биз бактылуубуз.

- Ыраазымын кудайга, уулду-кызды берди, сүйсүн деп небере берди, эми небере келинден сый көрдүк, кудай бактыңарды ачсын, тоскоолдуктан болбосун садага.

- Айтканыңыз келсин чоң эне, - деди Элмара. Аларга кийит кийгизип, Саматка жылкы энчилеп берип, Сымбатка бир сыйра кийгизип жөнөттү, Болоттун жашоосу да ойдогудай, андан улуусу ийне менен кудук казгандай эле улам бир ачылыш жасап, профессор академик болуп шаардан келбейт, өзү балдары да айылга келгенде орусча сүйлөп коошпой турат, илим-билим деп жүрүп айылга эки-үч жылда бир келишет. Саматты ошол окуткан эле, бирок ал окуусун улантпай койгондо нааразы болуп телефон чалган эле.

Гүлкандын, Айдандын бирден баласы дагы ошонун арты менен окуп жатышат, Зейнеп болсо бардар жерге чыгып өздөрү менен өздөрү, ал небере көрүп элүүгө карап калган. Эң кичүүсү Кайрат үч балалуу болуп калган, анын дагы өзүнчө үй жайы, короо сарайы бар, анын эң улуусун алып жүрүшөт, Денис абдан сергек эрте туруп мал чыгарып, уйдун алдын тазалап жампасын жайганды эч унутпайт, Маанай бир-эки жылдан бери казан аяктан алыстап калган, Гүлкандын экинчи кызы Ашыркүл тамак-ашын жасап берип турат.

Самат менен Элмараны кайра эле шаарга жөнөтүштү, анткени үйү ээн калбасын дешкен эле, Сымбат көп ойлонду, Кубанычбек ата-энеси болбогондуктан аны өз апасындай көрүп абдан сыйлачу, бир күнү келип:

- Апа, мен сизге бир нерсе каттырам, балдарым үчүн чоң байлык, - деп үйгө кирип эшикти бекитип туруп уйдун домпоюндай болгон алтынды ак матага оролгон бойдон ага көрсөттү, - Мунун дайынын бирөө билип калды, ошол үчүн сиз катып коюңуз, - деп эки жакты элеңдей карап алды, кудум бирөө артынан аңдып жүргөндөй.

- Балам ай балам, башыңар аман болсо байлык колдун кири го, ушунун айынан коркуп жүрүп жашабай берчүгө берип же сатып ийсеңчи, - деди Сымбат.

- Апа, сатканда бул алтынга бир өлкөнү сатып алса болот, катып кое берсеңиз бир эсебин табам, - деп шашып кайра кетип калган, ошондон он чакты күн өткөн жок, үйүнө киргендер кыйнап алтынды сурап, айтпаган соң өзүн аялы менен бирге өлтүрүп, эки баласы чоңоюп калгандыктан дабыштан улам ойгонуп кетип чыга калса аларды дагы атып кеткен эле: "Байкушум, ошондо коркуп жүргөн окшойт, артынан жүргөндөрдү билсе керек, бирок аларды басып койгонго кудурети келбептир, же акчага макул болбой көздөгөнү алтын болгондур", - Сымбат ойлонуп телмире жер карап отурганда Элмара кирди:

- Таене, эмнени ойлонуп жатасыз?

- Ойлогонум жок, Самат кайда кетти?

- Ал бир иштери менен кетти.

- Сага бир нерсени айтуум керек эле кызым, убактысы болдубу же жокпу ошону билбей турам садага.

- Эмне айтмак элеңиз таене?

- Отурчу жаныма, - деп жанын көрсөттү.

- Айтыңызчы бышырбай, ал эмне сөз?

- Шашпа, адам сыр сактай билиши керек эркем.

- А мен сыр сактай алам, - Элмара күлө карады.

- Сен эми чо-оң киши болдуң, эмдиги жаздан баштап сени чет өлкөгө кетет деп жатат Талантбек, бирок сага айтпасам качандыр бир кезде бирөөлөр таап алып убайын да көрөт, азабын да тартат кызым.

- Айтыңызчы эми, ичим бышып бара жатат.

- Атаң өлөөрдөн он чакты күн мурун мага алтын бекиттирген.

- Кандай алтын? - Элмара түшүнө бербей карады, ал алтын жасалгалары го деп ойлоп турду.

- Домпойдой алтын, кадимки уютулган, домпойдон чоңураак болсо болот кичине эмес, алтындын анты бар, алтын дегендин ал да тын дегенди түшүндүрөт, ач көздөргө тийсе дүйнөнү уратышы мүмкүн, алар адамдын жанын алганга даяр, атаң дагы ошол алтындын курмандагы болду, өзү менен бирге эки баласын, кызымды ала кетти байкушум, - Сымбат эмшеңдеп ыйлап калды, - Эми ошол алтындын кабарын эч ким билбеш керек, кандай кылсак4? - деди Сымбат небересине суроолуу көздөрүн жүлжүйтө карап.

- Таене, аны Талантбек атама эле кеңешпейлиби?

- Ээ балам, ал дагы көр пенделик кылып жүрбөсүн?

- Ал жакшы эле адам го?

- Мейли жакшы эле болсун, ишенбей дагы бар деп изилдетип сага дагы зыян кылабы деп корком, анын азыр таанышы көп, колу булутка жетип турат, анын ошол даражага жетишинин себеби сенин атаңдын байлыгы, былкылдатпай алып калган.

- Менин эсебимдеги акчага тийген жок, каалаганда алсам болот.

- Анысы жакшы, - деп Сымбат ойлонуп калды, анан алтынды эптеп акчага алмаштырмак болду, айылга жөнөп эптеп аны Элянын эсебине салмак оюнда.

- Эмнеге унчукпай калдыңыз таене?

- Ойлонуп жатам, сага зыяны тийбесе экен деп.

- Ой таене, эмнеге зыяны тиймек эле? - Элмара каткыра күлүп таенесин кучактап өөп эркелей кетти, - Ойлоно бербе таене, менин көрөөр күнүм көп үчүн төртөө бирдей өлгөндө өлбөй калыптырмын го? - Заматта жүзүнө сумсаюу аралады, - Ошондо неге мени көрбөй калышты десең...

- Ок, сенин аман калганың дагы алланын амири кызым.

- Апам, атам жана агам менен эжемдерден бөлүнбөй чогуу болот элем да.

- Ал өз колубузда эмес да кызым, алла маңдайыбызга периштелер аркылуу жазып коет экен, жалгызымдын айрылуу мага оңой болгон жок, уктап бара жатып: "Ээ жараткан, жалгызымдан ажырап кайсы күндү көрмөк элем, ал караңгы көрдө гана жымжырт дүйнөдө жатса мен тирүүлүктүн ар бир таңын азап менен аттырып тирүү жүргөндө эмне, ушул бойдон ойгонбой калсам экен", - деп ойлоочумун. Бирок андай болбой аз-аздап сакайып кеттим...

- Таене, а мени ойлогон жоксузбу?

- Сенин бар экениңди билбедим эркем, мага кайгырууга да кубанууга дагы болбойт дептир врачтар, ошону үчүн сенин аман калганыңды айтпай коюшкан экен, бечаралар өз энесинен ашык карап бакты, ушул жакында гана айтып жатпайбы сени, - Сымбат күлүп калды, - Көрсө мени аяп жүрүшкөн тура, кубанганынан дагы ооруп калат деп.

- Жакшы адамдар экен да.

- Абдан жакшы жигит, аялы дагы сонун, эми дагы кабатыр болуп жатышкандыр, - деп Сымбат ойлонуп калды.

- Таене, мен бир нерсе ойлоп таптым.

- Кандай ой?

- Таене, мурда сиз жалгыз болчусуз, эми мен бармын, Субанбек аганыкына ыраазылык билдирип барып келсек эмне болот?

- Болот балам, мен аларга эки дүйнөдө ыраазымын.

- Куру сөз курсак тойгузбайт дегендей сиз бул жакка баса бергенге жаман ойдо калгандыр? - Элмара таенесинин жүзүн тордогон тырыштарды колу менен сыйпалап ойлуу өөп койду, - Макулбу таене?

- Сен айткандай болсун кызым.

- Жарайт, Самат келсе биз дүкөндөн кийит кече, аны-муну алып келели, эртең жолго чыгабыз жарайбы? - Күлүп башын ийкеди.

- Макул жалгызым, өзүңөр билгиле, аларга канча кылсам дагы жарашат.

- Капаланба, өзүңдү жакшы карма таене, мен баарын жайгарам, - деп айтып телевизорду карап отуруп калды, көп өтпөй Самат келди, анын артынан Жазира кирди, ал Тайыр менен тынбай урушуп кетип үйүнө баса берет, Тайыр кээде сайынып, кээде чегип алып келет, баары уктаганда келип анын тынчын алат, сөгүнөт урушат, атасыныкына барса кайра кошуп бергенинен Элмаранын үйүндө экенин угуп ага келген.

- Жази, кел кандайсың? - Элмара жаркылдай учурашты.

- Өзүң кандайсың? - деди Жазира суз гана.

- Капалуусуң го, деги эмне болду? - Элмара аны креслого отургузду, - Кана эмнеге капасың айтчы? - деди маңдайына келип.

- Азыр мен эчтеке айта албайм Эля, андан көрө жатайынчы, - деди Жазира көңүлсүз.

- Анда конок бөлмөгө кирип жата бер, мен тамак даяр болгондо чакырам.

- Жарайт, мага капа болбо, - деп үстүңкү кабатка чыгып кетти Жазира, Элмара түшүнө албай ийинин куушуруп коюп карап турду: "Бул Тайырдын кылганы, анын адам эмес экенин билгенмин, андан кетип калса болмок, Талант атам болбой жатса керек", - деп ойлонуп алды. Көп өтпөй Элмара Самат экөө базарга барып келишти, жакшы алышкан экен.

- Эля, мынча акчаны кайдан алдың кызым? - деди Сымбат Элмараны күдүктү карап, - Же Таланттан алдыңбы?

- Жо-ок таене, мен банктан алдым.

- Ийи, - деп койду Сымбат, ал аны дагы билчү, бирок Талантбек аны бүт жок кылып койгондур деп жүргөн, Элмаранын сөзүн баамдаган эмес кары неме.

- Эрте чыгалы ээ таене? - деди Элмара.

- Ооба, эртерээк чыгып барып калалы.

- Мен Жазира менен сүйлөшүп келейин, - деп үстүңкү кабатка чыгып кетти Элмара, Жазира жатып алып ыйлап жаткан, каалганы такылдатса үн катпады эле акырын ачып кирип караса ыйлап жатыптыр, - Жази, сага эмне болду айтчы, эмнеге минтип ыйлап жатасың?

- Эля, мени тынч койчу, мен апамды ойлоп ыйладым.

- Туура-а, - Элмара анын аяк жагына отурду, - Мен ата-энемди билбей калдым, өтө оор болду силерге, унутуу кыйын, - Улутунуп алды.

- Эля, сен апамдын ооруп калганына кубандың беле? - деди Жазира күтүлбөгөн суроо узатып.

- Бул эмне деген суроо Жази?

- Сени апам жаман көрчү эмес беле, ошону үчүн сурадым, - Өйдө болуп аны карады, - Мен апам болгондо башкача болот эле деп кайгырамын, бир нерсе болсо эле эсиме кылт дей түшөт, мага таарынган жоксуңбу?

- Эмнеге таарынмак элем, баары бир түбүбүз бирбиз да.

- Сен эч кимге айтпа, мен Тайырдан качып келдим.

- Эмнеге, ал эмне деди эле?

- Ал мени урчу болду, үйгө качып барсам атам кайра жөнөтүп ийди, ошондуктан сага келдим, - дегиче Саматтын үнү угулду:

- Жазира бул жерде жок дедим го, болсо эмнеге жашырмак элем.

- Башка жакка барбайт, ушул жерге келиши керек.

- Мунуң болбойт, азыр милиция чакырамын, - деди Самат сестенээр деп,.

- Мых, - деп койду Тайыр, - Милицияң атамдын алдында эмне болуп калыптыр, секундда чыгарып алат, - Тайыр көтөрүлө Саматка бой көтөрө сүйлөдү, - А сени билбейм, аякка аппак бойдон бир кирсең чыга албайсың го тууган.

- Сен эмне кылып жүрөсүң биерде? - деди Элмара үстүңкү кабаттан карап туруп, - Кимдин ким экени акчада эмес акылда, издегениң бул жерде жок, башка жактан издээрсиң? - деди, ал анын үнүн угуп эле Талантбекке чалып коюп анан чыккан, аркы бөлмөдөн Сымбат чыкты:

- Эмне болуп кетти айланайындар? - Самат менен Тайырга кайрылды.

- Эч нерсе таене, жөн эле сүйлөшүп жатабыз, бул Жазиранын күйөөсү, аны биерге издеп келиптир, келген жок десем ишенбейт, - деди Самат.

- Ийи, мейли анда, - деп Сымбат ары карай басты, аңгыча Талантбек кирип келди, Тайыр аны көрө ийиле салам айтты.

- Келиңиз ата.

- Сен биерде эмне кылып жүрөсүң? - Ачуулу карады.

- Жазираны келдиби деп эле...

- Издей турган жериң ушул жерби?

- Ойлодум да...

- Уруштуңар беле?

- Жо-ок, болоор болбоско таарынып эле кетип калыптыр.

- Ал болоор-болбоско таарына турган кыз эмес, отур машинага! - деди Талантбек өктөм, - Анан сүйлөшөбүз, - Тайыр чыгып бара жатканда Саматка кайрылды, - Тынч жатасыңарбы балам?

- Ооба-ооба, жакшы эле.

- Мейли анда, - деп чыгып кетти, Элмара кайра кирсе Жазира солуктап ыйлап жатыптыр.

- Жази, бир боорум ыйлабачы эми.

- Эля, мени атам кайра кошуп берет, баргым келбейт анын үйүнө.

- Коркпо, сени ага кор кылбайбыз, бир жериң ооруп турган жокпу?

- Азыр, - деп Жазира кофтасын чечип эмчектерин,, артын көрсөткөндө Элмара бакырып жиберди:

- Сени ал наркоман урдубу?

- Ооба, атама айта албай койдум.

- Ата-энеси кайда эле сени урганда.

- Кайненем көрүп туруп унчукпай койду, - Соолуктап жатты, - Жакшы сенин ага барбаганың, алар ошондой акмактар экен.

- Сени врачка көрсөтүү керек, бул үчүн ал жооп берет.

- Кой Эля, мен ага барбайм, кайненем дагы асылат, тили жаман ачуу, апамдын оорулуусун айтат, анан дагы адамдын каердеги жаман жагын чукуганды жакшы көрөт экен.

- Сен эми барбайсың, - деп аны көндүрүп ооруканага алып барып көрсөтүп жаткырып келди, анын көкүрөгүнө бычак такап этип тилип, аркалары бүт көгала болчу, эртеси Элмара эч жакка барбай ооруканадан справкаларды алып койду, анан Талантбекке жолугуп баарын айтып берди:

- Бир күнү өлтүрүп коюшу дагы мүмкүн, - деди Элмара күйүп бышып.

- Кабатыр болбо, мен азыр Нагимага чалам, ал ушундайда өз көзү менен көрсүн, - деп кол телефонун терип кирди да ары көздөй басты, - Алоо, Нагима ооруканага келип кетчи, ооба Жазираны жаткырдым, давай келип кал, - деди да Элмарага кайрылды, - Кызым, сен үйүңө бара бер, алар келгенде сени көрбөй эле коюшсун.

- Макул апа, - деп Элмара Жазирага жолугуп чыкты да үйүнө жөнөдү, Талантбек абдан капа болуп кызынын акыбалын көрсөттү, ал өзү дагы катуу коркуп калганга чоочуп уктай албай жаткан, денесиндеги жаракаттарын көрүп Өмүрбек башын өйдө кыла албай калды, сотко бермек болду эле эптеп алдына түшүп жатып куткарып ишти жабышты, Жазира андан кутулдум деп палатада жатканда гүл көтөрүп алып Тайыр кирип келгенде бакырып тура калды:

- Жази, коркпочу жаным, мени кечирип койчу, - деп керебеттин жанына келгенде Жазира үстүнө чыга калып кыйкырды.

- Жолобо мага, жолобо дейм!

- Койчу эми, экинчи мындай болбойт, - деп жалдырап турганда сестра кирип келип аны көрүп:

- Чыгыңыз сыртка, оорулуунун абалы начар, психиялык жабыр тарткан, - деп Тайырга кайрылды, - Болуңуз, укол саям.

- Эмнеге психиялык жабыр тартат, мен эмне жырткыч бекенмин?

- Барыңыз, болбосо коргоочуну чакырууга аргасыз болом.

- Жо-ок, мен аялымдын жанынан эч жакка кетпейм, - деп туруп алды.

- Кетириңизчи, мен аны көргүм келбейт, кет деңизчи, - деп Жазира керебеттин үстүнөн түшпөй ыйлап жатты.

- Кел чоң кыз, мен укол салуум керек.

- Тигил кетпесе түшпөйм.

- Көрдүңүзбү, сизди көргүсү келбейт, - деди сестра, такыр болбой койгондо сестра чыгып кетти, Тайыр эми ого бетер жакындады:

- Жази, кечирчи мени, эми андай болбойт, сен менин аялымсың го? - деди эле Жазира аны жаздык менен бир койду:

- Сенин аялың болгум келбейт, - дегенде эки-үч врач, медайымдар кирип келип аны чыгарып ийишти, акыры Талантбек кызын жиндиканага алып барып жаткырды да врачка сүйлөшүп ким келсе дагы анын айыкпасын айтып түңүлтүүсүн өтүндү. Өмүрбек Артыкович баласын чет өлкөгө жиберип ийди, ал жакта алардын дачасы боло турган, туура эле ошол жакка кетирди, Жазираны бир-эки ай ошентип калкаламак болгон Талантбек, ал жерден эң жаш врач менен таанышып, бири-бирин жактырып калып ошондон ары эле тийип кетти. Ошентип ал бир балээден кутулду, эстеген сайын коркуп кетет, Демир абдан жакшы күйөө чыкты, Талантбектин дагы көңүлү тынды, эки баласын үйлөнткөн, өзү Гүлира менен үйүнө келип жашап калды. Балдары анын аял алганына капа болушкан жок, өз-өздөрү менен болуп кетишти, майрамдарды же өздөрүнүн даталуу күндөрүндө чогула коюшат. Жасмин эки балалуу болуп калган, ошентип өткөн күндөрү баарын унуттуруп жакшы күндөр жүз берди, Элмараны жалгыздатпай дайыма жанына аа жүрүшөт, ага Талантбек кубанып калат. Элмара таенесин ээрчитип айылына барды да Субанбектин үйүнө түшүп баары үчүн ыраазылык билдирип элүү миң сом берип келди, андан таенесинин үйүнө келишти, төрдө мектеп формасы менен чачына барпырата лента тагынган Гүлдананын сүрөтү илинип турган эле, аны көпкө тиктеген Элмара:

- Таене, бул сүрөттү алып кетсем болобу? - деди.

- Ала гой садага, мен эми карай албай калдым, мурда чаңын сүртүп турчу элем, эми алым жок, - деп Сымбат короосуна кирип кетти, колунда чоту бар, өзүнүн бир кезде кой короонун төрүнө көмгөн бир домпойдой алтынды издеп жатып болжолдоп таап казып этегине ороп үйгө кирди, Самат менен Элмара толгон сүрөттөрдүн ичинен апасынын сүрөттөрүн алып сумкасына салып алды, анан үй ичиндеги эмеректерди жайып, экөөлөп кагып күнгө жайып кайра киргизип жыйып койду. Сымбат Субанбекти чакырып келип:

- Эми бул үйдү сага тапшырам балам, менин дагы канча жашоом калганын ким билет, өз колум менен өткөрүп берейин, - деди.

- Эне, бул эмне кылганыңыз?

- Тура болот балам, мен өлсөм дагы түтүн булап турсун, сага ыраазымын айланайын.

- Эне...

-Жок балам, өзүмө уулду буйруган жок, эми ким ээлик кылмак эле, сени өз баламдай көрөм, сага бул дагы аздык кылат, ичиндегилеринин баарын өрттөп коерсуңар, өзүмө керегин алдым, - деди Сымбат. Ал күнү Субанбек аларды кой союп коноктоду, андан соң чогулуп отурганда Сымбат сыртка чыгып кетип кайра келди да Субанбекке түйүнчөккө чүкөдөй болгон буюмду берди, - Бул сага балам.

- Бул эмне эне?

- Биз жокто көр, акыл менен пайдалан балам, - деп кыңкайды эне. Субанбек унчукпай калды, түнөп алып эртеси жолго чыгышты, Сымбат Элмараны ээрчитип алып алтын күркөлөрүнө барып жүрдү, аларга көрсөтпөй баасын сурашты, Сымбат алтынды бөлүп-бөлүп алган эле, үч төрт жерге барып арзан айтты эле ломбардга барып баарын көрсөтүп салмагын көрсө бир топ эле чыкты, Элмара бир бөлүгүн алып алды, Сымбат ага унчукпады, акыры аны өткөрүп алып пакетке акчаны салып эптеп үйүнө келишти.

- Таене, - деди Элмара Самат болуп отурганда, - Мен жетим балдарга жардам бергим келет, кандай деп ойлойсуз?

- Өзүң бил кызым, эчкиникиндей жашым калды, мага дүнүйөнүн эмне кереги бар, бир бөлүгүн сактоочу жайыңа кошуп кой, мени пенсиям деле өлтүрбөйт.

- Макул, - Элмара акчаны алып жатып, - Самат, эшикти бекитип келчи, - деди.

- Этият бол кызым, акчанын жигин арам ойлуу бирөөгө билдирбе.

- Ооба, Гүлсүн апага дагы бир аз берип коюум керек, - Анан Самат экөөлөп санап жатышты, үчкө бөлдү, бир бөлүгүн балдар үйүнө, бир бөлүгүн банкка, үчүнчүсүн өздөрүнө керектөөгө алып калды, - Азыр биз Самат экөөбүз тең иштебейбиз.

- Ошенткиле айланайын, ынтымактуу болсоңор ырыскы өзү келет, - Сымбат небересин көзү тойбой карап жылмайып турду, - Үй-бүлөөнүн кутун учурат уруш, силер али жашсыңар балдарым, дүнүйө азгырык деп коет, өлүү дүнүйө кимге опаа болгон, эгерде дүнүйө, байлык алтын жанды алып калаар болсо бир заматта төртөөнү алып тынаар беле? - деди да үшкүрүп отуруп калды.

- Таене, мен азгырылбайм, болгону окуп алсак болду, Самат экөөбүз тең тиш салдырып алалы, анан билерик жасатам.

- Каалаганыңдай жаша каралдым, эми бир эки айда силер кетсеңер мен кантем, жаңы гана үзүлгөнү уланып, бөксөргөн аягым толгонсуп турганда алыска кетип мени сагынтат экенсиңер го?

- Таене, кааласаң бул жерден эле улантсак болот, болбосо Саматты жөнөтөбүз, кандай дейсиң Самат? - Элмара күйөөсүнө кайрылды.

- Мен сенсиз эч жакка барбайм, таенемди экөөлөп карайбыз.

- Болуптур анда, биз сиз менен калабыз, - деп Элмара кабак чытый калган таенесин кучактап өпкүлөп кирди, - Капа болбочу таене.

- Мени деп убакыттан уттуруп ийбес бекенсиңер?

- Эч качан, билим алуу үчүн жашы чектелбейт таене, качан болсо окуй берсе болот, бул жерден эле окуп окумуштуулар чыгып жатпайбы, ал адамдын өзүнөн да.

- Аның чын, илгери тоодон түшүп келип эле билим алып окумуштуу болушчу эле, эми эле чет өлкөгө барбаса билимин өркүндөтө албайт дешет экен, бөтөн элдин султаны болгончо өз элиңдин ултаны бол дегени бар элибиздин, талааны эңсеп өз жеринен безгенин кантейин.

- Таене, эч кабатыр болбо, Самат экөөбүз ушул жерден эле академик болобуз ээ? - деп Элмара таенесинин көңүлүн көтөргөнгө тырышып жатты, Самат сыртынан макул болуп күлүп жатканы менен чет өлкөгө барууга дилгирленип алган, деми сууй түштү, билдирбегенге аракет кылып келинчегин коштоп турат:

- Ананчы, билим алуу өзүнө жараша да, окуп-окубай жүрүп эптеп диплом алып жүрө берген бирөөлөрчө болбойбуз, берилип окуп, илим изилдеп бир ачылыш жасаш керек да, болбосо бир жанды багуу үчүн окубай эле койгон жакшы.

- Во молодец, Самат сенин айтканың туура, билим алуу ийне менен кудук казгандай дешет го, ар бир иштин өзүнүн жолу болот, буйруса, - Талант атама мен чет өлкөгө барбай турганымды айтып кайра экинчи курска отуруп алам, сени болсо үчүнчү курска киргизет, ошентип окуубузду улантабыз, - деди Элмара, ал деле чет өлкөгө кеткиси келген, таенесин калтыргысы келбеди: "Өзү айткандай канча өмүрү калганын ким билет, эч кимиси жоктой кылбай акыркы күнүнө чейин бирге болгонум жакшы го, ата-энемден го эрте ажырадым, эми таенемди өз колум менен узатайын, жашоосу бүткөнчө жанында болоюн", - деп ойлоду ал. Андан кийин Сымбат Элмарага кеңешип бир союш алып жалаң молдолорду чакырып катма өткөрмөк болушту: "Өлгөндүн артында күйөөрү болсо эстеп турат, эч кимиси болбосо ким эстейт эле", - деген ойдо болуп турду Сымбат: "Көзүмдүн тирүүсүндө жалгызыма колумдан келген куранды тез-тез окутайын, мен өткөн соң бул тентек кыз эстейби эстебейби аман жүрсүн, кыз да болсо жалгызымдан калган данегим бүрдөп, бутак шактуу болсо экен жараткан", - деп оор күрсүнө терең дем алып алды. Ошол күнү Элмара капыстан эле кусуп чыдай албай тез жардам менен ооруканага алып келишти, далилдүү оорусун таппай ар кандай аппаратка салышты, акыры анын боюна бүтүп бирок сыртына болуп калганын таап чыкты Султан Акимович. Самат ага сүйлөшүп берчүсүн берип экөөнүн жылдыздары келишип калып ошол операцияга катышты. Элмараны үйүнө алып келген соң Султан үйүнө келип көрүп турду, ошентип Султан менен Самат дос болуп калышты, Элмара сакайгандан кийин Султан менен Айгеримди конокко чакырып кыйышпас достордон болуп калышты. Андан кийин Элмара боюна болуп калып окууга кире албай калды, Самат окуусун уланта баштады, сабактан кеч келсе Элмара аны такый берет, бат таарынып бат жазылат, эки жаштын жашоосу таттуу бири-бирин түшүнөт, ата-энеси ара чолодо келип кетип турушат. Негедир үлпөт тойго ашыгышпады, Болот өзү киришкенде гана Талант Жазира менен Элмаранын тоюн шаардагы ресторандын биринде өткөрүштү, талант экөөнө бирдей үй эмерегин белек кылды, ошентип бири кем дүйнөнүн ошол төкмөлүү жашоосунун дагы бир дөңгөлөгү тегеренип, адамдардын саны дагы бир инсанга көбөйдү, Элмара уул төрөп кубанычтарында чек жок, Айгерим алар менен таанышкандан кийин бат-бат келчү болгон, ал боюна болбой жатканын айтып капа болуп Арнисти жакшы көрүп эркелетип отуруп кетет. Көп өтпөй анын дагы боюна болгонун угуп Элмара телефондон куттуктады, жашоо сыдыргыга салгандай бир калыпта өтө бербеси анык, табийгат өзү дагы бир калыпта болбой бир туруп күн төгүп мөндүр жааса бир туруп бороон чапкындан заматта кара булуттарды айдап кетип күн чайыттай ачылып кетет эмеспи, дал ошондой адам тагдыры дагы өзгөрүлүп тураары белгилүү го? Эки жаш азырынча бактылуулардын катарын толуктап эч нерседен капарсыз поездин дөңгөлөгүндөй чиркешкен өмүр жолунун сызыгына түшкөн кези...

Сабыр ошол бойдон калды, бир бут бир колу күчүнө кире албады, бирок жашоосуна ыраазы, ишканасынын көрүнбөгөн жетекчиси, үйүнөн отуруп башкарып оң колу болгон Темирбекке эки тизгин бир чылбырды берген, ал абдан көтөрүлдү, заңгыраган үйлүү болду, балдарын окутту, ишкананын жүгү анын мойнунда. Сабыр менен эсептешип турат, бара-бара шаарга келгенде Сагынайдыкына келип турат, ал мурункудай ачууланбай сүйлөшүп калган, балдары болуп бабырашып бирге тамактанышат, жатаарда гана Сабыр кайсактап бир бөлмөгө кирип кайра чыгып жата албай жатканда Сагынай дагы ажатканага чыгып, анан суу ичкени кирип беттеше түштү.

- Сабыр, уктай элексиңби?

- Уйкум качты.

- Эмнеге? - деп сырдуу жылмайды, - Аселди ойлоп жатасыңбы?

- Тескерисинче сени, - Сабыр дагы жылмайды, - Сени сагыныптырмын.

- Койчу жомогуңду.

- Койбой эле, жаман айтыштык беле?

- Ким билет, эсимде жок.

- Кел эми бир өөп алайын.

- Сабыр, балдар көрсө уят го?

- Эмне аялым экениң жалган беле?

- Ортодон канча жылдар өттү, ошондогу ак караны тааный элек балдар минтип үйлөнгөнү турат, биз эми сый гана болуп калдык го? - Сагынай улутуна өтүп кетмек болгондо Сабыр аны колдон алды:

- Менден качпачы Сагынай, сени жакшы көрөөрүмдү билесиң...

- Ишенбейм, жакшы көргөн болсоң алмаштырбас элең...

- Дагы деле таарынычың күч го, эми болбодубу, баары бир сени кыя албас элем, азыраак чыдап койсоң экөөбүз калат элек.

- Аселчи, ал эки бала менен эмне кылат эле?

- Билбейм, деги сага келе албай эле жаман болуп жүрдүм.

- Кой эми Сабыр уктайлы.

- Менин уйкум келбей жатат, сүйлөшүп отуралы, - Сабыр болбой эле аны өзү жаткан бөлмөгө колтуктап кирди, - Дайыма мени менен сүйлөшкөндөн качасың.

- Эмне кылышым керек эле?

- Аялымсың го акыры, балдарыбыз турат.

- Аселди кантесиң?

- Эми ал кеткенден калды, экөөңдү тең карасам болбойбу?

- Болбойт Сабыр, балким Асел дагы кыйналып уктай албай жаткандыр.

- Көнөт ал деле, мен эми башкага барбаймын, оорукчан болуп калдым, ооруп калып тирүүлүктүн кадырын түшүндүм, кудайга шүгүр балдарым силер болуп мени кайрадан жаңы жашоого алып келдиңер, бир жагы кудайдын керемети, бир жагы тартаар азабым түгөндүбү, алланын амиринен сырткары эч нерсе кыла албайт экен пенде, кеч түшүнүп өкүндүм, - Сабыр аялын аста кучактады, Сагынайдын денеси дир дей түштү, бир кезде ыза менен жек көрүүгө толгон жүрөгү ага жибип кеткенсиди. Алар көп өтпөй бир төшөктө сагынычтарын жазып махабаттын лаззатына бөлөнүп жатты, сел жүргөн сайдагы жээкте сүрүлүп калган устундай болуп эки жээкте бири-бирине жете албай дагы жылдар өттү, эми минтип кайрадан бир төшөктө, бир жаздыкка баш коюшту.

- Келип турасыңбы? - деди көптөн кийин Сагынай.

- Сөзсүз келип турам, бирок кызганба Сакин.

- Эмнеге кызганмак элем, Асел дагы мендей эле аял, аргасыз аял, билдир үчүн өлүмгө дагы бел байлаган энебиз Сабыр. Алар түнү бою сүйлөшүп чыгышты, Баел ушул жумада келинчек алып келмек, даярдык көрүп келип келээр күнү Асел дагы келди, алар эми бири-бири менен мамыры-жумуру болуп сүйлөшсө сөздөрү түгөнбөйт, кантсе дагы бири-бирин түшүнүшпөдүбү. Белгиленген күнү Баел сүйлөшкөн кызын алып келди, куда тозуп, ырым жырымын жасашты, бул тойго Султан Айгерим менен Темирбек аялы Кумарбү экөө, андан сырткары Темирбек Сабыр менен иштешип алака кыла баштаган, ал Гүлираны ээрчитип келди, Самат менен Баел тааныш жана жакшы мамиледе болчу, достору менен Элмараны ээрчитип ал дагы келди, жаштар бир катар, тага-тайы бир катар, ата-энесинин аяштары өздөрүнчө болуп, кудаларга сыйлуу орун болду. Үлпөт той абдан шаан-шөкөттүү болуп өтүп жатты. Айгерим бир кездеги Сабырга аз жерден илинип кала жаздаганын эстеп мыйыгынан жылмайып алып колундагы жаңы гана жарыкка келген наристесин эңкейе жыттап койду, Саматтын Арниси бул кезде тамтуң басып калган. Оош кыйышы көп, жаңылыш катага толгон бул өмүрдө кимдер сыноодон түз өткөн, сынганы сынып берип, кээси өжөрлүк менен жеңип өз жолдоруна түшүшкөн эмеспи. Той аяктаган кезде Сабыр ойго телмире: "Эми мен балдарыма туура жол көрсөтүүм керек, аңды-дөңдү бастым, аллага шүгүрчүлүк кылып кудайга кулчугумду өтөөгө милдеттүүмүн", - деп ойлонуп отурду. Ал ичкилик ичпей беш убак намаз окуп, отуз күндүк орозону кармап калган, өтөгөн күнөөсүн аллага мунажат кылуу менен жууп чаюуга аракеттенет. Ошентип ага тирүүлүктүн шамы бүлбүл жанып жашоого карай үндөй баштаган... Ар бир пенденин тирүүлүк шамы өчпөсүн дейт.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз