Айгүл ШАРШЕН


"Ынтымак"


Алмаз менен Чынгыз, Артиз үчөө бала кезинен достор, ата-энелери дагы катышып балдарынын достугуна кубанып калышат, үч үй-бүлөө тең бардар турушат. Алмаз абдан назик мүнөзү кыздардай жумшак, ак көңүл жигит, шаарда жашашат, Артиз ала көөндөн, мактанчаак дагы тамашакөй, Чынгыз ички сырын эч кимге айтпаган бир мүнөздүү, үчөө тең бири-бирине жанын берүүгө даяр, сыйлашып ар убак кубаттап турушат. Ошол эле учурда алар менен бирге окуган Гүлсүнай деген кызды үчөө тең жактырышат, бирок эч кимиси сыртына чыгарбай ичтен сүйүшөт. Гүлсүнайдын ата-энеси жок жарды, базарда соода кылып жан багышат, кызын окутканга кудурети жок, ата-энесине жардам берип күндө базарда. Гүлсүнай жупуну кийингени менен көздөрү корянканыкындай, чачы капкара узун, мурду кырдач, жүзү апакай болгон мойну каздыкындай койкойгон, ичке белдүү сулуу кыз. Мүнөзү, кыздарга тиешелүү назиктик, мээримдүүлүк менен уяңдык, кечиримдүүлүк ага жарашып турат, Алмаз ага жолукканда мектептеги окуучулук күндөрдү эстетип экөө күлүп калышат, Артиз дагы кызды көргөндө башка сөзгө өтө албай ар кайсыны айтып күлдүрүп куудулданып турат. Чынгыз бир мүнөздүү болгондуктан көп сүйлөбөйт, аны Гүлсүнай өзү жактырганы менен кыздын сыры белгилүү эмеспи, ичтен гана сүйүп, бирок анын ата-энесинин бардар тураарын билгендиктен: "Мени ата-энеси кабыл алмак беле, үй-жайы жок батирде жүрсөк кантип мени баласына ыраа көрсүн", - деп ойлоп зымыраят. Чынгыздан сөз чыгабы десе дегеле үн чыкпайт. Кээде үчөө таң келип калышат, аркы-беркини сүйлөшүп туруп кээде кино-театрга чакырып төртөө бирге барышат, кызды үчөөлөп сыйлашып, бири балмуздак, бири суусундук алып берсе бири шоколад алып берип жүрө беришет. Гүлсүнайдын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан алар чакырганда эле бара бербейт, убактысы болгондо гана барат. Балдар окушат, үчөө үч башка окуу жайда, түштөн кийин Гүлсүнайга барып же үйүнөн же базардан таап көпкө сүйлөшүп туруп кетишчү. Бир күнү Алмаздын ата-энеси аны үйлөндүрмөк болушуп Алмазды кысмакка алышканда ал быйыл үйлөнбөйм деп баш тартып койду, канчалык айтса дагы болбоду. Убакыт суудай өтүп бир жыл өтүп кетти, Өмүркандар үйүн залогго коюп акча алып төлөй албай калып сатып ийгенден кийин үй алмакка тырышса болбой кыйнала беришти. Кээде Тынар кызын бир жерге коюп, өзү да соода кылып, үчөөлөп соода кылганы менен кирешеси билинбей өп чап болуп тартыштык күчөй берди. Гүлсүнай ата-энесинин оорун колдон алгысы келсе дагы соодасы болбогонго кейип капалана берчү, иниси Жанат жаш, болгону бешинчи класста окуйт, эки баласы менен батирден-батирге көчүп кыйналышканда ага бир жарнамадан мал бакканга чакырганы жагып ошол жакка көчүп кетишти. Алмаз, Артиз экөө анын ордунан таппай калышты, Чынгыз ал күнү келген эмес, бир иштери менен атасы экөө жайлоого кетишкен. Ошентип алар Гүлсүнайдын кайда кеткенин таппай калышты, Алмаздын ата-энеси эми аны кыстай баштады:

- Уулум, эми үйлөн, минтип жүрө бергениң болбойт, сүйлөшкөн кызың барбы? - деди Суран уулуна чечкиндүү карап.

- Жок, - Алмаз жер карады.

- Эң жакшы, анда биз өзүбүз табабыз.

- Ооба балам, ал кыз сага сөзсүз жагат, - Айкан шыпылдай жылмайды.

- Кереги жок, шашканда эмне, окууну бүтүп деле үйлөнөм да.

- Ошого чейин жүрө бермек белең?

- Эмне болот эле, шашпай үйлөнөм да.

- Болбойт! - деди Суран ачуулана карады, - Болду, бүгүн барып кызды көрөсүң да сөйкө салабыз.

- Ата, кереги жок дедим го?

- Керек, үйлөнөсүң дедим, үйлөнөсүң, - Суран аялына карады, - Камыңды көрө бер, кечинде Курман келет Нурия экөө чогуу барып ишти бүтүрөбүз.

- Суран, Алмаз...

- Жетишет, Жамгырбек менен сүйлөшүп койгонмун, уят болбойлу, - Суран бүттү дегендей туруп кетти, Алмаз анын артынан чыгып досторуна жөнөдү, Чынгыз менен Артиз аны көздөй келе жаткан эле, жолдон жолугуп калышты. Бир топко сүйлөшүп турган соң ага Чынгыз:

- Эмнеге капасың досум? - деди.

- Иш чатак, үйдөгүлөр үйлөн деп болбой жатышат.

- Кимге? - Чынгыз менен Артиз жарыша сурашты.

- Атам тааптыр, - деди Алмаз көңүлсүз.

- Кандай кыз экен?

- Билбейм бүгүн көрөм да.

- Үйлөн десе үйлөнүшүң керек, - деди Артиз.

- Эмнеге, мен өзүмө жакпас а эле үйлөнө бермек белем?

- Өзүң жактырган кыз барбы? - деди Чынгыз.

- Чын эле, сүйлөшкөн кызың барбы? - деп суроолуу карады Артиз.

- Силердинчи, бизде ошондой кыз өзү барбы? - деп Алмаз айтканда үчөө тең бири-бирин карап туруп каткырып жиберишти.

- Табыш керек, - деди анан Артиз.

- Жүргүлө анда, кыз издейли, - Чынгыз экөөнө карады, - Акыры биздикилер да бир күнү бул маселени коет туурабы?

- Албетте, бирок менин жүрөгүмдү ээлеген бирөө бар... - Чынгыз ойлуу айтты.

- Ким, биз тааныйбызбы? - деди Артиз.

- Чын эле, - Алмаз эки колун чөнтөккө салып жерди тепкиледи, - Менде да бир кыз бар, бирок атамдар болбойт го ага.

- Ким? - Чынгыз ага суроолуу тигилди.

- Ал менин гана жүрөгүмдө жашайт.

- Туура, мен дагы ошондой деп ойлойм, - деди Артиз, - Мен дагы бир кызды өз ичимден жактырам, бирок айта албай жүрүп жоготуп алдым, - дегенде беркилер бири-бирин жалт карашты.

- Эмнэ-ээ?!


- Эмнеге таңгаласыңар, чыныгы сүйүү жүрөктөн жүрөккө жетет дейт го?

- Туура, эмесе өз сүйгөнүңөрдү ичибизден айтып кол көтөрөбүз, - деди Чынгыз күлө, - Анан үчөөбүз тең сүйүүбүздү айтабыз, кандай дейсиңер?

- Бир, эки-үч! - деди Алмаз сөөмөйүн чычайта көтөрүп, үчөө тең сөөмөйүн көтөрүптүр, үн дебей бир топко туруп калышты. Анткени алар бири-биринин ички сырын билишти, Гүлсүнайды сүйөөрүн, бирок унчугушпады.

- Баса, - деди Чынгыз, - Гүлсүнайды көрбөй калдык, ал күйөөгө тийип кетпеди бекен?

- Эмне?

- Ыя?

- Ким билет, балким күйөөгө тийип кеткендир, болбосо базарда болот эле го?

- Анда-а...

- Эй, чын эле күйөөгө чыгып кетти деп ойлойсуңбу?

- Мүмкүн.

- Андай болсо-о...

- Үчөөбүз Гүлсүнайды коюп кыздарга барбайлыбы, - деди Чынгыз, ал Гүлсүнайды ичинен кызганып жаткан эле, - Кыздар толтура, курсташтарыбыз деле супсулуу кыздар, бирден чаппайлыбы? - Күлө карады.

- Кереги жок, - деди Алмаз, - Андан көрө досубуз Гүлсүнайды табалы, анан кыздарга барабыз.

- Жарайт, адегенде базарга барып жанында соода кылгандардан сурасак кантет? - деди Алмаз.

- Туура акыл, кеттик анда.

- Кеттик, - Үчөө жөнөй беришти, алар келгенде Гүлсүнай жакын соода жасаган апасынын курбусуна жаңы эле келип кеткен эле, аны угуп үчөөнүн чый-пыйы чыкты:

- Кайда экенин билесизби? - деди Алмаз озуна.

- Бизге дарегин бериңизчи?, - Артиз анын жанына тура калды, Чынгыз үн дебей: "Өзүм келсем болмок экен, буларга айтпай жолугуп мени сүйөөр-сүйбөсүн билишим керек эле, эгерде сүйбөсө досторума жолтоо болбошум керек, эгерде ал дагы мени сүйсө эч кимге бербейм", - деген ойдо турду. Алмаз: "Эгерде аны бул досторум сүйсө мен унчукпай коюум керек, досторум үчүн сүйүүмдү курмандыкка чалууга даярмын", - деген ойдо. Артиз болсо: "Мен Гүлсүнайды сүйөөрүмдү аны табаарым менен ачык айтам, болгондо дагы сюрприз кылып чогуу турганда айтсам унчукпай калышат, билмексен болуп туруп жеңип кетем", - деп ойлонуп алды, алар Гүлсүнайдын дарегин алып мал баккан сарайга барышса ал иниси экөө эле калыптыр. Ал балдарды көрө коюп эле жылмая утурлай басты:

- Силер кайдан?

- Сени издеп, кандайсың?

- Бизден качкансың го?

- Жо-ок ай, качып эмне...

- Ал-абалың кандай Гүлсүнай? - Чынгыз аны жылмая карады.

- Жакшы эле...

- Эмнеге айтпай баса бердиң, биз кени таппай калдык.

- Мына, эми таптыңар го? - Кыз дагы жылмая карады.

- Биз сени күйөөгө тийип кеттиби деп ойлодук, - деп Алмаз күлүп калды.

- Эмне? - Гүлсүнай кызарып кетти.

- Эми-и, ойлодук да, - деди Артиз.

- Чындап кетип калып жүрбө? - Чынгыз сырдуу күлүмсүрөдү.

- Жо-ок ай, андай ой деле жок.

- Жүрө берсең кара далы болуп кетесиң, - Артиз тамашалап калды.

- Болбойм, үчөөңөр турбайсыңарбы, - Гүлсүнай аларды жылмая карап жүзүн эки алаканы менен басты.

- Биз үчөөбүз болгонубуз менен сен бирөөсүң да, - Чынгыз кызгангандай айтты.

- Бириңер караарсыңар.

- Чоң кыз, үйүңдөн суранып чыкпайсыңбы, сейилдеп келели.

- Жок, иним экөөбүз атамдарга түшкө тамак алып барышыбыз керек.

- Мейли, барсаң бар, эми көрүп алдык келип турабыз, - дешип үч дос артка кайрылып кетишти: "Эми мен Гүлсүнайды жоготпошум керек, меники гана болууга тийиш", - деп ойлоп бара жатты Чынгыз: "Эми өзүм келип сүйөөрүмдү айтам", - деп ойлонот Артиз. "Бул экөөнө билгизбей ала качуум керек, билбей калдым силердин сүйөөрүңөрдү деп айтам", - деп Алмаз ойлонот. Ар кимиси ар кайсыны сүйлөшүп шаарга келишти:

- Эми атам мени кызды көрөсүң деп алып барат, эмне кылам? - деди Алмаз аларга карап.

- Башка кызды сүйөм дебейсиңби? - деди Артиз.

- Ким десе эмне дейм?

- Ачык айт.

- Мен анан мени жактыраар-жактырбасын билбей туруппу?

- Анда көрүп келе бер, - дедир Чынгыз, - Балким сүйүп калаарсың.

- Жок, мен баары бир ага үйлөнбөйм.

- Кызык, анда барбайм деп ачык эле айт

- Туура, барбайм де.

- Силер атамды билбейсиңер да, ал айтканынан кайтпайт.

- Анда эмне кылыш керек, давай жүрөгүңдөгүнү айт, ала качып келебиз, - Чынгыз аны чынын айтабы деп суроолуу тигилди, - Биз дагы бир күнү сенин кейпиңди кийебиз, ушундайда сүйүүбүздү моюндап кызга айтуубуз керек.

- Ошентиш керек, - Бири-бирин сынап: "Качан Гүлсүнайды сүйөм дээр экен", - деп ойлонуп калышты, бирок Алмаз унчукпады, ошентип алар үй-үйүнө тарашты. Алар кеткенден кийин Алмаз уурдана кирсе Курмандар келип калыптыр, кыязы Алмазды эле күтүп турушкандай.

- Аа-а мына, Алмаз дагы келди, - деп Айкан кубанып кетти, баары жасанып алышкан экен, - Кел балам, жуунуп кийине кал.

- Мен барбайм! - деп күңк этип Алмаз өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Алмаз! - деди өктөм Суран, - Бол эрте, күтүп калышты.

- Ата, жөн эле кыйнай бересизби?

- Бол деп жатам, - деди эле Алмаз кайра тил кайрый албай душун көздөй кирип кетти, Айкан ага костюм шымын даярдап күтүп туруп жөнөп калышты. Айпери Алмазга жаккансыды, бирок анын ата-энеси саал бергиси келбегендей көңүлсүз болуп калышты, Айпериге Алмаз жакты, ал КУУда экономика бөлүмүндө окуйт, ал күнү Суран менен Жамгырбек сөйкө салчу күндү белгилешти, бирок үйлөнүүнү кийинки жылга калтыра турган болгондо:

- Жаке, созгондо эмне, күз деги келип калды, ушундай тоюмчулукта эле балдарды үйлөнтүп коелу, - деди Суран.

- Балдар бири-бирин жаңы эле көрүштү, сүйлөшүшсүн аларга дагы, убакыт бериш керек, - Жамгырбек өз сөзүнөн кайтпады, - бири-бирине көнүп жакшылап сүйлөшпөсө кантип жашап кете алат?

- Жаштар эмеспи, бат эле көнүп кетет.

- Жо-ок досум, мынчалык болду балдарды акыры үйлөнтөбүз, шашылыштын кажети жок, - Жамгырбек алакан жая бакылдады, - Сөзүм сөз, буйруса ак батабызды алышат.

- Макул эми, убакыт көрсөтөөр, балдар сүйлөшүшсүн, - Суран аргасыз макул болуп күлгөн болду, ал Алмазды айнып кетеби деп ичинен бушайман болуп турганын билгизбеди. Үйүнө келгенден кийин Алмазга кайрылды, - Уулум, Айпери жакшы келин болчудай, байкадыңбы өңдүү-түстүү кыз.

- Ээ ата айта бересиз да, - Алмаз уккусу келбей өз бөлмөсүнө кирип кетти.

- Сукен, баланы көп кыйнабай эле койсоңчу, атасы да көңүлсүз болуп турат, кыз түгөнүп калыптырбы? - деди Айкан, - Жагалданбай эле койчу.

- Жагалданбаса жашоо болобу, анын колунда бийлик бар байбиче, кудай буйруп насип болуп келин кылып Айперини алып калсак мен сөзсүз бир кызматка отуруп каламын, көрөсүң иш алдыга жылат.

- Ата, - Алмаз чыга келди, - Сиз мени эмес эле өз аброюңузду ойлонуп жаткан турбайсызбы, мен кызын албай эле коеюн, сиз кызматка кызыкпай эле койбойсузбу? - деди басып келип жылмая.

- Эй бала, качантан бери атаң менен тамашалаша баштагансың?

- Чыны да ата, ушул жашообуз деле жетишет го, андан көрө ден-соолугуңузду тилеңиз, ынсап кылсаңыз баары болот го?

- Жетишет! - Суран үстөлдү бир муштады, - Мага акыл айтканды кой дагы кызга жакканга аракет кылгын!

- Ал мага жаксын, - Алмаз кайра басып кетти.

- Бу балаң качантан бери мага каяша кылып калган, сен ушу балаңды тарбиялай албадыңбы? - Суран аялына ачуулу карады.

- Бала чоңойду да атасы анын дагы өз каалаган ойу бардыр, ачуулангандын ордуна аны менен ата-баладай болуп сүйлөшүп сырын тарт, каалабаган кызга үйлөнтүп койсоң жашап кете алабы ойлон.

- Жашайт, Айперини алат дедим алат, - Жиндене бакырды.

- Болуптур, сиздин карьераңыз үчүн үйлөнөйүн, бирок мен бул үйдө жашабайм! - деп алардын сөзүн угуп турган Алмаз үн катты. Ошентип ал күнү бир сөзгө көнө албай жатып уйкуга киришти. Эртеси эртелеп андан кабар алганы Артиз менен Чынгыз келип Суран менен Айканга учурашып:

- Алмаз кайда? - деди Чынгыз.

- Уктап жатат, мен ойготоюн, отуруп тургула, - Айкан Алмаздын бөлмөсүнө баш бакты, - Алмаз, досторуң келди балам тура гой.

- Иий апа, уйку бербейсиңер да, - Алмаз ыкшоолоно козголду, - Азыр турам апа.

- Тез туруп жуунуп чыга кал балам, - Айкан чайпала кайра кетти, - Апаңдар кандай жатышат? - Экөөнө кайрылды, - Келбей калышты.

- Жатышат, иштен бошобой эле...

- Эми Алмазды үйлөнтөөрдө айтабыз, - деди Айкан.

- Качан үйлөнөтө7 - деп сурашты алар жарыша.

- Күздө буйруса.

- Силер качан үйлөнөсүңөр, оюңарга койсо бойдок жүрө бересиңер го, Алмазды араң көндүрүп жатабыз, - деди Айкан күлүп.

- Көрөбүз да, - Чынгыз күлүп койду.

- Кезек келет да бизге дагы, - Артиз да күлүп жооп кайтарды.

- Үйлөнгүлө, колоктоп жүрө бербей.

- Ооба-ооба, - деп күлүп коюшту балдар, аңгыча Алмаз келди.

- Кеттикпи? - деди балдарга карап.

- Ой-ой бала, тамак ичпейсиңерби?

- Ичпейм, - деп бурк этти Алмаз.

- Балдарды үйдөн кур ооз чыгарасыңбы, отургула чай пай, тамак ичкиле, - Айкан болбой койгондо Алмаз моюн толгой албай туруп калды. Үчөө тамактанып алып анан чыгышты.

- Кандай анан, кыз жактыбы? - Чынгыз ага кайрылды.

- Эми кыздай эле кыз дечи, анын деле күнөөсү жок, мен жүрөгүмө буйрук бере албайм да, - деп көңүлсүз жооп берди Алмаз.

- Деги кыз ништяк бекен?

- Нормально.

- Анда эмне, үйлөнө бер да.

- Жок, кереги жок достор, эми мен өз ишиме киришишим керек.

- Өзүң бил, жүрөгүңдөгүнү табам дейсиңби? - Чынгыз сынай карады.

- Тапкам, эми сүйүүмдү ага жеткиришим керек.

- Качан? - деп ийди Артиз.

- Бир күнү, ага айтышым керек, анан угасыңар.

- Жа-арайт, - деп берки экөө бири-бирин карап жымыйып коюшту, бирок ар кимиси өз-өз ойлору менен алек.

- Аты ким экен? - деди Артиз капыстан.

- Айпери.

- Аты жакшы экен, өзү деле оңой кыз эместир?

- Атына заты жарашып дейсиңби?

- Ананчы, кээде аты сонун угулганы менен өзү такыр башкача болот.

- Чын, кой эмесе кайда барабыз? - деди Чынгыз, ал азыр эптеп досторунан бөлүнүп Гүлсүнайга барып жолукмак оюнда.

- Чын эле, эгерде жооп берсеңер менин жумушум бар эле, кете берейин, - деп Артиз досторуна кайрылды.- Менин дагы жумушум бар анда, давай по домом, - деди Алмаз. Алар эми гана чындыкты билип кандай акыбалда калышаарын сезбеди, тек гана үчөө үч жол менен Гүлсүнай менен жолукканга ашыгып жатышты.

- Эмесе көрүшкөнчө, эртең жолугабыз, - деди Алмаз озуна.

- Көрүшкөнчө, - деп Чынгыз кол сунду, үчөө тең үч жакка жөнөштү.

Гүлсүнай ата-энеси мал баккандан бери көңүлү тына баштаган, анткени тамак-ашка кенелип, акчалары жыйылып дагы бир эки жылда үй алганга жарай турган болуп калды. Ошол малдын ээсинин иниси бар эле, Айтбек үй-бүлөөлүү, эки баласы бар, колунда бардыгына манчыркап күндө бир башка машина минип келип малдын санын тактап, сүттөрүн флягалап алып кетип жүрүп Гүлсүнайга көзү түшүп калды. Тынар торпокторун кайтарып уулу Жанат экөө кетет, Өмүркан бодо малдарды кайтарып кетет, Гүлсүнай үйдө жалгыз калат, дал ошол күнү Айтбек келип короонун оозунда аны менен турган, адегенде Чынгыз келип аларды көрүп туруп алыстан карап катып калды: "Мунун да жигити бар турбайбы, менин сүйүүмдү кабыл албайт го, балким ала турганы чыгаар, мен ортосуна түшпөй эле койсом бу, же мен дагы өз сүйүүм менен күрөшүп көрсөмбү", - деп ойлонуп жатты, Гүлсүнай Айтбектен тартынып, бир жагы ээн отургандыктан андан кооптонуп тезирээк эле кетишин каалап жер карап турган:

- Гүлсүн окубайсыңбы? - деди Айтбек кызды чоочутуп албас үчүн сөздү алыстан баштап.

- Жок, келээрки жылы тапшырам го.

- Кайсыга тапшырмаксың?

- Өзүм журналистиканы жактырам, көрөм го.

- Эгер окугуң келсе мен жардам берем жарайбы?

- Кандайча? - кыз таңгала карады.

- Ушинтип эле, - Айтбек жылмая карап сырдуу жылмайды, - Качан бүткөнсүң?

- Эки жыл болду.

- Жигитиң барбы?

- Ыя?

- Эми-и бойго жеткен кыздын жигити болот да, анан дагы сулуу кыздар кимдин көзүнө түшпөйт? - деп кытмыр жылмайды.

- Жо-ок, мен окумайынча жигиттин кереги жок.

- Эч жигит менен сүйлөшпөгөнсүңбү?

- Бул эмне дегениңиз? - Гүлсүнай кабак бүркөй жактырбай жүзүн бурду.

- Кой эми таарынба, сурап койдум да, сүйүп көрдүң беле дегим келген.

- Сизге ошончолук эле кызыкпы? - Гүлсүнай ызалана карады.

- Тамаша, али жаш бойдон экенсиң да, - Айтбек жагалдана карады, - Мага таарынба карындашым, макул анда мен кеттим, - деди эле кыз унчукпады, бул кезде Чынгыздын жанына Артиз келип калды, көп өтпөй Алмаз келип үн сөзү жок эле Гүлсүнай менен Айтбектин турганын көрүп туруп калышкан, көптөн кийин гана Айтбек кетип Гүлсүнай үйгө кирип кеткенде:

- Эй силер кайдан? - деди Алмаз.

- Силерчи? - деди Чынгыз.

- Көрүп турбайсыңарбы, кайда келгенибизди, - Артиз каткырып ийди.

- Эми бизди тоготобу, тигил кычыраган неме эбак анын жүрөгүн ээлеп алса, - Чынгыз супсуну сууй отура кетти.

- Балким жигити эместир? - Алмаз эки досуна карады.

- Анда ким?

- Силер эмнеге келдиңер? - Чынгыз эки досуна кайрылды.

- Сен өзүңчү?

- Мен...

- Ой достор, - Артиз алардын ийинине колун кое күлдү, - Болду эмесе Гүлсүнайга жолукпай жүрдүк беле, ал биздин досубуз го, жүргүлө жолугуп кайталы.

- Жүрү.

- Жүр баралы, - Үчөө катар басып бактын ичинен чыгып сарайды көздөй басканда ары жактан Тынар баласы экөө көрүндү, алар токтоп калышты:

- Өлдүк, эми жолуга албайбыз.

- Эмнеге, биз классташпыз го.

- Чын эле, жүргүлө апасына жолугабыз, - Үчөө ишенимдүү кадам таштап алардын алдынан чыгышты, - Саламатсызбы?

- Саламатсызбы? - Шашыла үчөө салам айтканда Тынар таңыркай.

- Саламатчылык, силер кимсиңер балдар?

- Биз Гүлсүнайдын бирге окуган классташы болобуз.

- Аа-а жакшы экен, - деп үйүн көздөй басты.

- Гүлсүнайды айтып коесузбу эже.

- Азыр, айтып коем, - деп Тынар кирип кетти, көп өтпөй эле алардын күткөнү жаркылдап жете келди, үч жигит ашыга утурлап тозуп алды:

- Гүлсүнай кандайсың? - Чынгыз жетип колун сунду.

- Кандайсың?

- Акыбал жакшыбы?

- Жакшы, адашым силер кайдан?

- Сага келдик, жолугуп келели деп эле.

- Эмне кылып жатасың? - деп Алмаз эмне деп сураарын билбей оозуна келгенин сурай салды.

- Иш көп, кол бошобойт, өзүңөр кандайсыңар?

- Бизде баары жакшы, - Чынгыз жылмая карады, - Жакында Алмаз үйлөнөт.

- Чынгыз...

- Жакшы, баарыңар бир баштан үйлөнөсүңөр го ээ? - Күлүмсүрөй карады үчөөнү.

- Жж-жо-ок, биз азыр эмес, - Чынгыз шашып калды.

- Алмаз үйлөнсө көрөбүз да, Сайкал күйөөгө тийип кетиптир, - деди Артиз.

- Чын элеби, кайда кетиптир?

- Айылдык бирөө ала качыптыр дейт.

- Бактылуу болсун.

- Сени дагы ала качып кетеби деп биз кайтаралы дедик, - Алмаз кызга күлө карады.

- Чынбы? - Гүлсүнай күлүп жиберди, - Мени эмнеге?

- Сүйгөнүң ала качса мейли, башка бирөө алып кетсе кантесиң?

- Кудай сактасын ай, мен окумайынча күйөөгө тийбейм.

- Койчу, жигитиң бар тура, - деди Чынгыз чыдай албай.

- Ким айтты?

- Көрдүк го, эми эле сүйлөшүп турбадыңарбы, - Алмаз коштоду.

- Ой жиндилер десе, кожоюндун иниси ал, аялы бар анын.

- Чынбы? - Чынгыз кубанып кетти.

- Ооба, ал күндө келет.

- Биз аны сенин жигитиң экен дегенбиз, - деди Алмаз.

- Койгулачы ай, кантип эле ошол неме менин жигитим боло калсын, балдары бар анын, тамашаңарды койгула, башка кандай жаңылыктар бар?

- Жаңылык ушу, Алмазды үйлөнтөбүз.

- Мен үйлөнбөйм, - Алмаз кабак түйө бурк этти.

- Ээй сени биз эмес ата-энеңдер кыстап жатат, так что бизге капаланба.

- Ошо, бизде эмне күнөө? - балдар өздөрүнчө эле сүйлөшүп калганда Гүлсүнай аларга кайрылды:

- Балдар, келгениңерге рахмат, ушинтип акыбал сурап тургула, мен эми үйгө кирейин, атам келээр учур болуп калды.

- Гүлсүнай, шаарга качан түшөсүң? - деп сурады Чынгыз.

- Жакында барбайм, - Гүлсүнай Чынгызды карады, ал андан көзүн ала качып Артизди карап кетти, - Кийин барам го?

- Шаарга барганда үйгө чал, тозуп алабыз, - деди Алмаз шыпылдай.

- Макул, жакшы баргыла ээ?

- Бир аз турбайсыңбы?

- Жо-ок, кеч болуп калды, жакшы баргыла.

- Мейли, анда биз кайталы, - деди Чынгыз, үчөө кыз менен коштошуп жолго түшүштү, - Балдар, Гүлсүнай жакшы кыз ээ?

- Абдан жакшы кыз.

- Мага дагы жагат.

- Сүйбөйсүңөрбү? - деди Чынгыз токтой калып, тигилер аны таңгала карап сүйлөй албай туруп калышты.

- Эмнеге сурадың? - деди көптөн кийин Артиз.

- Деги да, - Чынгыз каткырып алды, - Биз үчөөбүз тең жумушубуз бар деп бөлүндүк беле, анан бул жерден жолуктук.

- Чын эле.

- Ой ат-та-а!

- Балдар, биз үчөөбүз тең Гүлсүнайды сүйөт экенбиз, - Чынгыз эки досун олутту карады, - Биз досторбуз, бала кезден ынакпыз, бир жолу дагы урушпадык, чынын айтсам кимибиз чындап сүйөөбүз, кимибиз жөн эле жакшы көрөбүз аны анык билбейбиз, ошондуктан биз Гүлсүнайга үчөөбүз тең кат жазалы, бирок атыбызды жазбайбыз, ал кимибизди сүйсө ошого кат жазат, сүйбөсө жазбайт, биз кимибизге кат жазса жашырбайлы,- деди Чынгыз.

- Чын эле, - деп ойлонуп калды Артиз.

- Давай мен макулмун, - деди Алмаз, - Катты кимден беребиз?

- Мен табам, - деди Чынгыз, - Эртең мага сүйүүңөрдү билдирген катыңарды алып келгиле.

- Жарайт, - деп үчөө бири-биринин ийинине колдорун кое көңүлдөрү куунак үйлөрүнө жөнөштү, Чынгыз өзүнүн иниси Илгизден бермек болду, Гүлсүнай аны көргөн эмес, эртеси такси менен бир топ алыс туруп алып инисин жөнөтүп бир эле катты берди, арадан үч күн өткөндө дагы бирин, ошентип он беш күндөй өттү, үчөө качан, кандай кабар болот деп Илгизди карашат, ал ийинин куушуруп тим болот, бир айга жакындаганда алар төртүнчү катты жөнөтүп суу жээгинде күтүп жатышты. Гүлсүнай эми чындап жини келип Илгизге:

- Сени кимдер жөнөтүп жатат, шакабалагыңар келеби? - деди

- Жок-жок эже, менин досторум болот, жообун бериңиз.

- Жо-оп жок! - деди ачуулу, - Ошол досторуңа ачык айтып кой, эрмектегидей айбан кыз жок аларга.

- Байкуштар жооп күтүп жатышат, ооба же жок деп эле коюңузчу.

- Ошол эле керек бекен?

- Ооба.

- Азыр, - деген Гүлсүнай мурдатан жазып койгон каттарды алып чыкты, - Алып барып бер, экинчи мени эрмектебесин. Чынында Гүлсүнай классташтарынын кол жазмасын тааныган эле, адегенде күлкүсү келип, анан аларга өз каттарынын этегине жазып койгон. Тышына өздөрү койгон номерди жазып даярдаган эле. Чынгыздыкы 83. Алмаздыкы 84. Артиздики 85. Алардын туулган жылдары ушул болчу. Илгиз келээр менен эле номерлерин алып ары көздөй басып шашыла ачып окуп селдээ туруп калышты: "Менин жигитим бар, убара болбоңуз, мени көңүлүңүзгө алып кат жазганыңызга рахмат, бактылуу болуңуз", - дегенди окуп Алмаз менен Артиз бири-бирин карап калышты, Чынгызды карашса ал кубанычтуу аларды көздөй келе жатыптыр:

- Кана убада боюнча бири-бирибизге көрсөтөлү, - деди ал.

- Мына, - деди Алмаз көңүлсүз.

- Эми эмне кылабыз? - деп Артиз катын сунду. Чынгыздыкын окуп алая карап калышты, анткени ага: "Көңүлдөр төп келсе көрөлү, бекинбей ачык келиңиз, жүрөгүм бош сиз үчүн, жолугуп сүйлөшүп көрүңүз", - дептир.

- Ме сага, сенин жолуң болуптур, - деди Алмаз.

- Куттуктайм, - деп Артиз кол сунду.

- Чынбы, жалганбы түшүнбөй турам достор, эми кантем? - Чынгыз экөөнө карап жооп күтүп калды.

- Жолугушуң керек.

- Албетте, жолугуп сүйлөш.

- Менмин деп кантип айтам?

- Айтууга тийишсиң, - Артиз аны карап башын ийкеңдетти, - Биз сага ак жол каалайбыз, жолуң болсун дос.

- Эми сага ийгилик досум, бактылуу бол. - Алмаз дагы келип куттуктады, ал күнү ошентип алар көпкө кафеде отурушту, Алмаз болсо Айпериге үйлөнмөк болду, Артиз болсо үн дебеди, үчөө сүйлөшүп көпкө отуруп анан үйлөрүнө кетишти. Көп өтпөй эле Алмаз менен Айпериге сөйкө салуу аземи болду, андан кийин Чынгыздын ата-энеси Гүлсүнайга барып куда түшүштү. Алмаз Айпери экөө сүйлөшүп кыз-жигит болуп кээде Чынгыз Гүлсүнайды чакырып төртөө бирге эс алышат, Артиз алар менен бирге жүрө берет.

- Артиз, давай үчөөбүз бирге үйлөнөбүз, - деди Чынгыз бир күнү.

- Чын эле, кыз тап куда түшө коебуз, - деп Алмаз күлүп калды.

- Силер үйлөнгүлө, мага шашылыш жок.

- Эмнеге, сен биздин досубуз эмессиңби?

- Достукка анын катышы канча.

- Тойду бир күнү өткөрсөк, жакшы болмок, - деди Алмаз.

- Биз сага бир сулуу кызды табалы, - деди Айпери күлүп.

- Тапкыла, - деди Чынгыз, - Эмнеге үйлөнбөйт, эгерде бизди укпасаң анда дос эмессиң, - деп өйдө болду.

- Туура, сөзсүз бизге убада берсин, - Алмаз Чынгызды коштоду.

- Ойлонгулачы мени деле, эмне жолдон эле бирөөнү кармап мага тиесиңби деп айтайынбы? - Артиз кызаңдап тура калды.

- Биз тапсак үйлөнөсүңбү?

- Жакпаса делеби?

- Жага турганын табабыз да, - деди Айпери, Гүлсүнай үндөгөн жок.

- Көрөйүн, бирок мени кыстабагыла, - деди Артиз.

- Жарайт, таанышууга макулсуңбу? - Чынгыз ага басып келип колун сунду, - Сөз бер анда.

- Жакса көрөм.

- Келе колуңду, - деди Алмаз басып келип.

- Көрөлү, бирок жакпаса үйлөнбөйм, - деди Артиз күлүп экөө менен кол алыша.

- Жагат сөзсүз.

- Эмнеге жакпасын, жакпай турган болсо биз деле түшүнөбүз.

- Жарайт анда, - Үчөө кол алышышты, ошонун эле эртеси Артизге атайын бир кызды тааныштырмак болуп төртөө бир кафеге чакырышты, Айперинин бөлөсү бар эле, аты Марина, узун бойлуу, көздөрү бакырайган сары кыз, кирпиктери узун, мурду кырдач, мойну койкойгон ичке кыз. Алар кафеде отурушканда Артиз келип калды, бири-бирин карап жылмая отуруп калганда:

- Салам, - деп кирип учурашып атайын бош койгон Маринанын жанына отуруп калды.

- Эмнеге кеч келдиң? - деди Чынгыз ага.

- Иштер чыгып калды.

- Абдан күтүп тамакты заказ берип койдук, сен каалаганыңды айт, - деди Алмаз көзүн кыса, - Досум, бул кыз Айперинин бөлөсү, аты Марина, - Алмаз Маринага карады, - Бул биздин досубуз Марина, аты Артиз, бала кезден бири-бирибиз менен урушпай талашпай бир туугандай өстүк.

- Таанышканыма кубанычтамын, - деди Артиз жылмая кол сунуп.

- Мен дагы, - Марина кол алыша жылмайып жооп кыла баш ийкеди.

- Кана эмесе, тамакка карайлы, - деди Алмаз, чогуу түштөнүп отурушту, Артиз кызды уурдана карап коюп беркилерге билгизбей аны сыйлап отурду, алар экөөнү байкап бири-бирине ымдап коюшат. Тамактанган соң сыртка чыгышты, Чынгыз менен Алмаз өздөрүнчө кетмек болуп эки бөлүнүштү, Марина менен Артиз калып калды:

- Марина окуйсуңбу? - деди Артиз.

- Ооба, Түрк лицейинде окуйм.

- Жакшы, мен Мединститутта окуйм.

- Эң сонун.

- Жигитиң дагы бардыр? - деп тамашалай карады.

- Кыз бүткөндүн баарын эле ошондой деп ойлойсузбу?

- Эми-и, сиздей сулуу кызды кантип жигиттер бош койсун дейм да.

- Азырынча өзүмө өзүм ээмин.

- Жакшы экен, жолугуп турсак болобу?

- Эмнеге?

- Жакындан тааныш болуп дос болуп калабызбы дейм да.

- Дос болуу үчүн болсо мен макулмун.

- Келиштик анда, - Кол алыша күлүп калышты.

- Келиштик.

- Тойдо чогуу болот экенбиз да.

- Ошондой...

- Алар мени дагы үйлөн деп жатышат.

- Үйлөнүңүз да, - Жылмая карады.

- Кыз жок, кимге үйлөнөм, кыздарга жакпай жатам.

- Коюңузчу, кантип эле?

- Көрүп турбайсыңбы Марина, мен эч кимге жакпайм.

- Жага турганын таап берейин сизге, - Марина бырс эте күлдү.

- Марина, башканы коюп өзүң эле кызым болуп берчи.

- Эмне, тамашаңызды коюңузчу.

- Мына көрдүңбү, мени эч ким жактырбайт, - Артиз капа болгондой оор дем ала унчукпай калды, Марина ага боору ооругандай ыңгайсыздана колдорун ушалап отурганда Артиз аны көз кыры менен карап калды.

- Капа болбоңузчу, мен байкабай айтып алдым.

- Эчтеке эмес, кыздан жолум болбой сизге эмне таарынмак элем?

- Антпеңиз, мен сизге осол сүйлөп алып кайра уялып калдым, - Марина колундагы саатын карады, - Менин кетишим керек, мүмкүн болсо уруксаат берерсиз.

- Жигитиңиз күтүп жаткан жокпу?

- Жок, жумушум бар, мен барайын, - Марина отурган ордунан турду.

- Макул, анда жакшы бар Марина, биздей жолсуз жигитти эсиңизге алып коерсуз, жолугууга чакырсам келесизби? - деди, жылмая жандай келип.

- Албетте, албетте келем, - Марина аны жалт карап жолун улады. Экөө катарлаша басып аялдамага келип анан коштошушту, аларды сыртынан карап күтүп турган Чынгыз менен Алмаздар аларды карап Марина маршруткага кетээри менен чыга калышты.

- Ур-ре, той болот экен да-а!

- Кыздан жолдуу болдуң.

- Койсоңорчу, - Артиз аларга таңгала карады, - Ал мени карай турган түрү жок, тоготпогон кызга жалдырамак белем? - Буруя сыр билгизбей карады.

- Это отлично! - деди Айпери күлө кол чапты, - Аны бизге кой Артиз.

- Ошону айтсаң, башкысы кыз сала жактыбы? - деп Алмаз бир жагынан чыкты.

- Кыз го жакты, мени жактырабы?

- Сенин бир жериң кемби, баары жайында, алты саның аман, - Каткырды чынгыз, - Албетте жагасың, кана анда бир күндө той болобу?

- Болот! - деди Алмаз колун көтөрө.

- Болот, - Артиз анын колунан кармады.

- Анда сөз бүттү! - Чынгыз алардын колун кармап үчөө бекем колдорун силкип анан кое беришти, - Камынуу керек.

- Сөзсүз, бир айдан соң.

- Бир ай эрте го? - Артиз экөөнү карады.

- Анда узарып кетпейби, тезирээк эле үйлөнөлү.

- Байкап көрөйүн, - Артиз башын жерге сала күңкүлдөдү.

- Эй досум, сен ишене албай турасыңбы?

- Ооба, Марина болбой койсочу?

- Коркпо, ал биздин колдо.

-Макул, аракет кылып көрөйүн.

- Кеттик анда, камыныш керек, - деп Чынгыз Гүлсүнайды көздөй жөнөдү, алар өз-өз кыздарын үйүнө узатып кетти, Артиз үйүнө келди, ата-энеси анын кабагы бүркөөсүн көрүп бири-бирин карап тим болушту, ал эчтеке дебей бөлмөсүнө кирип жатып алганда атасы кирди.

- Уулум, сага эмне болду?

- Эчтеке ата.

- Көңүлүң чөгүп калыптыр, бирөө менен тартышып калдыңбы?

- Жок, ким менен тартышмак элем.

- Анда эмне болду?

- Эчтеке дедим го ата.

- Эй бала, сенде бир сыр бар, балким досторуң үйлөнгөнү жаткангадыр.

- Андай эмес.

- Анан эмне?

- Ата, алар мени дагы үйлөн дешип жатат, бир күнү үйлөнөбүз дейт.

- Мына-мына, сөз биякта турбайбы, - Нуртаз семиз денесин булкүлдөтө күлүп артына кылчайды, - Нурипа, балаңда чоң жаңылык бар экен, бери кел!

- Эмне болду? - Нурипа баш бакты.

- Уулуңдан сурачы.

- Артиз, уулум эмне болду?

- Чынгыз менен Алмаз үчөөбүз бир күнү үйлөнөлү деп жатышат, - Артиз башын жерге сала сүйлөдү.

- Ошол элеби, мен дагы коркуп кеткенимчи, - Нуртаз менен Нурипа анын эки жагына отурушту, - Кызың барбы балам?

- Ошону айт, болбосо өзүбүз табабыз, - Нуртаз күлүп аялына көзүн кысып койду.

- Ата, кыз деле бар...

- Болду, ата-энесине барабыз.

- Ошончо эртеби?

- Кое тур Нуртаз, кыздын ата-энесинин кандай немелер экенин биз билбейбиз, сураштырып көрөлү, ылайыкпы-ылайык эмеспи...

- Балаң жактырып турса ылайыгын эмне кыласың? - Нуртаз Артизди карады, - Качантан бери сүйлөшүп жүрөсүң уулум?

- Бүгүн тааныштым.

- Эмне дейт, бир көрүп эле үйлөнмөксүңбү кокуй?

- Мага жакты...

- Ойлонуш керек экен, - Нуртаз ордунан турду, - Эс ал анда, эртең сүйлөшөбүз.

- Макул, - Артиз ата-энеси чыгып кеткенден кийин: "Бир мезгилде үчөө бир кызды сүйүп калууга болобу, Алмаз экөөбүз достугубуз үчүн өз-өз сүйүүбүздү курмандыкка чалдык, Гүлсүнайды өмүр бою көрүп жүрүп баары бир кыйналам го, эми кеч болуп калды, балким Чынгыз бизди ачык айтып өз сүйүүсүн таңуулагандыр, Марина өңдүү-түстүү кыз экен, балким бактылуу жашап кетээрбиз", - деп ойлонуп жатып уктап кетти, эртеси таң атпай Чынгыз менен Алмаз келип калды:

- Ас-салоому Алейкум аяш ата, - Чынгыз кол суна учурашты.

- Алейкум Салам, келгиле балдар.

- Артиз тура элекпи?

- Жок, ал уйкучу тура элек.

- Биз сиз менен сүйлөшөлү дегенбиз, - деди Алмаз саал ыңгайсыздана, - Балким Артиз эч нерсе айтпагандыр?

- Аа-а айтып бир аз, айтканда кызды бир эле көрүптүр го? - Нуртаз балдарды суроолуу карады, - Силер ал кызды мурдатан билесиңерби?

- Жок...

- Жок, - Экөө бири-бирин карап калышты.

- Ата-энесин тапканга жардам бергиле, биз барып билип келели.

- Жарайт, анда биз кеттик, - деди кубанган Чынгыз шашыла, - Тез эле билип келе калабыз, - Алар тез-тез басып жөнөштү, - Алмаз сен эми Айпериден сура, Артиздер бүгүн сөзсүз бара тургандай болсун.

- Макул болушаар бекен?

- Эмнеге, макул болбойт дейсиңби?

- Билбейм, Айпериден сураш керек.

- Бол анда, дароо эле Айпериден дарегин алалы.

- Шашылба досум.

- Айпери айтпады беле, менин колумда деп.

- Ал го айткан, Маринанын атасы болобу, ички иштер министрлигинде иштейт, Марина Айпери менен сүйлөштү бекен, ошону билели.

- Кеттик анда, шашылуу керек.

- Мен адегенде Айпериге чалайын.

- Бол эрте, чала кой.

- Мына эми, жаман шаштың го? - Алмаз күлүп телефондон Айперинин атын таап чалып калды.

- Өзүң айтпадың беле, үчөөбүз бирге үйлөнөлү деп, Артиз бойдок болсо андан Айперини кызганасың го? - Чынгыз ага тамашалап күлдү.

- Койсоңчу, кантип эле досумдан кызганайын, - Алмаз ички оюн Чынгыз билип койгондой кызыктай боло телефонуна жооп берди, - Алоо Айпери, жолукпайлыбы азыр, макул анда мен үйүңдүн каршысында турам, ооба күтөм, - Телефону өчкөн соң Чынгызга кайрылды, - Айпери азыр келет.

- Азамат, мен тиякта күтүп турайын.

- Тура бер, эмне болмок эле, - Алар тартышып турганда Айпери келип калды:

- Кандайсыңар?

- Жакшы, - Экөө кыз менен учурашып турган соң Алмаз Айпериге кайрылды, - Марина менен сүйлөштүңбү Айпери?

- Ооба, эмне болду?

- Ага түшүндүрдүң беле?

- Эмнени?

- Биздин чогуу үйлөнөбүз дегенибизди.

- Аа-а, аны айтканмын.

- Эмне деди?

- Эчтеке.

- Айпери, бизге анын дареги керек.

- Эмнеге?

- Артиздин ата-энеси барып куда түшөбүз дейт.

- Эмне? - Айпери экөөнү алмак-салмак карады.

- Ооба, ошондой Айпери, - деди Чынгыз досунун сөзүн ырастап.

- Анда аларга эскертип коюуу керек.

- Сен бизге дарегин бер дагы Маринага чал.

- Жарайт, - Айпери аларга даректи жазып бере салып, - Мен кеттим, силер барганча мен үйүнө барып эскертүүгө жетишүүм керек, - деди да коштошуп үйүнө кирип кетти, Нуртаз менен Нурипа дароо эле эки-үч тууганын чакырып алып жасанып алып Артизди ээрчитип машинасы менен жөнөп калышты. Айпери Маринага түшүндүрүп жаткан кез эле.

- Сен түшүн бөлөшка, Артиз абдан жакшы бала, Алмаздар менен жакшы дос, таежеме түшүндүк өзүң.

- Кызыксың, сүйбөй туруп бир көргөн немеге тие калмак белем?

- Сүйлөшөсүңөр да, анын ата-энеси келгенде сурашса ооба сүйөм деп айт.

- Кантип, бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү, калп айта албайм.

- Мен үчүн Мари, бир жолу суранычымды аткарып койчу.

- Атам макул болбойт Айпери.

- Сен чечесиң, анткени бул сенин тагдырың эмеспи, пожалуйста Мари.

- Аракет кылам, бирок үйгө келишкени эртелик кылат, бири-бирибизди билбей туруп эле макул болгонум кантип болсун, зорго жүргөн экен дебейби?

- Андай болбойт, Артиз сени бир көрүп эле жактырыптыр.

- Менчи, мен жактырамбы аны?

- Койчу эми, мен таежеме мурдатан эле сүйлөшчү деп айтам.

- Айпери.

- Болду, сүйлөштүк бөлөшкө, - Айпери Маринаны эки бетинен өбө сырткы бөлмөгө чыкты, Айдай аны көрүп күлө карады:

- Ай жаштар ай жаштар, Мари экөөңөр жолуксаңар эле бөлмөдөн чыкпай сүйлөшө бересиңер да, сен күйөөгө тийгенде кантээр экен ыя?

- Ал дагы чыксачы таеже.

- Эмне дейт, кимге каякка чыкмак эле?

- Жигити бар, бүгүн жуучулар келет, мен сизге айтайын деп келдим.

- Марина эмнеге айтпады, өзү айтса болмок, Сейитке кантип айтам?

- Айтыңыз таеже, азыр алар келип калышат, үйлөнүү тойду чогуу бир күнгө белгилейбиз деп жатышат, алар үч дос, Артиз алардан бир-эки жаш кичүү, бирок ал кичинесинде ыйлап атып алар менен окуп алыптыр, алар үчөө тең студент, - Айпери таежесин эптеп көндүрүп жатканда кабагы салыңкы Марина үстүңкү кабаттан түшүп келди.

- Мари, капалуусуң го кызым? - Айдай кызына үйрүлө калды.

- Эч нерсе эмес апа.

- Айперинин айткандары чынбы кызым?

- Ооба апа, баары чындык, - деп Марина Айперини карады.

- Айтпадым беле таеже, мен сизге кантип калп айтмак элем?

- Болуптур анда, мен жездеңе чалайын, - Айдай телефонун алып чалып күйөөсүнө айтып жаткан сыртка машинанын токтогону угулду, - Сейит, тез келип кал, келип калышты, - деди да өчүрө салып Маринага кайрылды, - Сен кийинип алсаң боло кызым, мен тиги Асиге айтайын дасторкон даярдасын.

- Макул апа, - Марина кайра бөлмөсүнө Айпери экөө чыгышты:

- Эч коркпо бөлөжаным, мен сага жамандык каалабайм, көрөсүң го Артиз жакшы күйөө бала болот.

- Баарына сен жооп бересиң.

- Жарайт-жарайт, сен үчүн баарына даярмын.

- Келип калыштыбы Айпери?

- Ооба, келишти окшойт, таежем аларды конок бөлмөгө киргизди.

- Мен бир кызыктай болуп жатам.

- Эчтеке эмес, мен деле Алмаздар келишкенде биринчи ошондой болгонмун, анан эле баары билинбей калат, - деп Айпери бөлөсүнүн чачтарын оңдоп кийимин кийген соң күзгүгө ар жак, бер жагынан карантып көрүп жатканда Айдай баш бакты.

- Даярсыңарбы кыздар?

- Атам келдиби апа? - Марина алаңдай суроо узатты.

- Келди кызым, жалгыз кызына кудалар келип жатса кантип токтонсун, - Күлмүңдөй карады:

- Апа, атам макул болбосочу?

- Көрөбүз кызым. Кыязы жакшы эле кишилер көрүнөт, эмесе силер дагы ал бөлмөгө келгиле, балким чакырып калса, - Айдай чыгып бара жатып Маринага сүйкүмдүү жылмайды, - кызыбыздын ушунча чоңоюп калганын байкабаппыз да.

- Апа-а.

- Койдум кызым, - Айдай чыгып кетти.

- Биз барбай койсокчу? - деди Марина Айпериге карап.

- Өздөрү сени көрөт да.

- Жаман болуп калтырап жатам, анын үстүнө калп айтканга уялганга ошентип жатат окшойм.

- Баары өтүп кетет, көрөсүң го жаным, Артиз абдан жакшы жигит.

- Болуптур эми, мактап эле калдың, сендей бөдлөм үчүн тагдырымды курман кылганга даярмын, - деп Марина күлө карады. Көп өтпөй эле Айперинин апасы Саадат кирди:

- Баскыла тентектер, эмнени бүлдүрүп жүрөсүңөр деги?

- Апа, антип урушпачы, - Айпери эркелей тултуйду.

- Болгула эми, кызды көрөлү деп жатышат.

- Мен барбай эле коеюнчу, - Марина тарткынчыктай таежесине карады.

- Ботом анан алар мени көрмөк беле, өзүңөр тандаган соң чыккыла эми.

- Бас Мари, бол эми күтүп калышты, - деп Айпери бир жагынан колтуктай алып чыкты, бөлмөгө киргенде эле Маринанын көзүнө Артиз көрүндү, чачын жасап, костюм шымын кычырата үтүктөп алып отурган, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү, Нуртаз менен Нурипа келгенде эле кызын көрбөй туруп бири-бирине көз караштан: "Ботом, жаман адамдардан эмес экен, уулубуз жаңылбаптыр", - дегенди билдирип кубанып калышкан. Сейитбек учурашып отурган соң:

- Кайда иштейсиз? - деди Нуртазга кайрылып.

- Өзүмчө ишканам бар, кудайга шүгүр, мурда экономист элем, кызматка жулунбадым, жекече иштейм, мамлекетке көз каранды эмесмин.

- Жакшы-ы, мен Атаев Сейитбек, коргоо министрлигинде иштейм.

- Абдан жакшы.

- Уулуңар кайсыда окуйт?

- Врач болот го буйруса.

- Абдан жакшы, чайга караңыздар, - деди Сейитбек сыпаа.

- Рахмат, сиз каршы болбосоңуз биз кызга кайсы бир күндү белгилеп сырга салсак деген ойдобуз, кандай дейсиз?

- Кызыбыз эмне десе менин каршылыгым жок, анткени жалгыз кызым өз тагдырын өзү чечкенге акылуу.

- Рахмат сизге, кең пейил адам экенсиз, - деп ыраазы боло карады Нуртаз, аңгыча Саадат эки кызды ээрчитип кирди, кызды көрүп алар дагы ыраазы болуп сырга салаар күндү белгилеп кайтышты. Ошентип үч дос бир күнү үйлөнмөк болушту, бирок Алмаз менен Артиз баары бир эле Гүлсүнайды ойлоно беришти: "Бирге жүргөнгө ошондо сезилет окшойт, бул сүйүү эмес, досумду Айперини капа кылып албайын, өз тагдырыма буйруганына даяр болуум керек", - деп ойлонот Алмаз. "Жо-ок, бир жолу өзүнө ачык айтуум керек эле, балким Гүлсүнай деле Чынгызды сүйбөйт, жөн гана макул болуп койду, бирок Маринанын дагы көңүлүн оорутпашым керек, достукка кара санаганым туура эмес, неге мен жүрөгүмө буйрук бере албайм, Маринаны сүйүп кетем", - деп Артиз өзүнчө ойлоно берет. Бир күнү алтоо тоого чыгууга даярданып эс алууга жөнөштү, тамак-ашты мол алып кыздары менен эс алып отуруп Чынгыз сууга түшүп бара жаткан, Гүлсүнай анын артынан кечип бара жатканда Чынгыз аркы өйүзгө өтүп кетти. Гүлсүнай ортосуна келгенде энтиге сууга агып кетмек болду эле Алмаз менен Артиз бирдей жүгүрүп жетип кармап калышты. Тигил өйүздө турган Чынгыз: "Демек бул экөө алигиче Гүлсүнайды сүйөт, булардан алыс алып кетишим керек, болбосо бузуп коюшу мүмкүн", - деп ойлонуп кайра өтүп келди:

- Гүлсүн,, менин кандай досторум бар ээ, сен экөөбүз үчүн кандай болсо да даяр.

- Албетте, биз достукка терең карайбыз, - деди Артиз.

- Кантип агып кеткиче карап турмак элек? - деди Алмаз.

- Рахмат достор, - Айпери менен Маринага карады, - Биз бала кезден ушундайбыз, Артиз бизден кичине болсо дагы ыйлап жатып биз менен окуп алган, биз ушундай достордонбуз кыздар.

- Эң жакшы, дос деген ошондой болушу керек да.

- Эми аялдар дагы бирдиктүү болушуңар керек, себеби аялдар жакшы болсо ынтымак ыдырабайт, бизди алыстаткан дагы, жакындаткан дагы силердин колуңарда, - деди Чынгыз ойлуу карап.

- Силер жакшы болсоңор биз эмне кылмак элек? - деди Айпери шакылдай.

- Ошону айтсаң, биз эмне кыла алабыз? - Марина дагы күлдү.

- Биз бир күнү үчөөнү үч жакка бөлүп жиберебиз, - деди Гүлсүнай, - Азыр унчукпайбыз, кандай болгонун билбей каласыңар.

- Гүлсүнай, - Чынгыз аны таңгала карады.

- Ооба, аял деген кандай амалдуу экенин билбейсиңер.

- - Тамаша, келгиле эми шашлыктан жейли, - деп Алмаз датсорконго колуна созду, ал Гүлсүнайдын тамашалап же чындап айтып жатканына түшүнбөй: "Кызык го, мостоюп туруп айтканына караганда чындап айтып жатканыбы", - деп ойлонуп жаткан эле. Гүлсүнай бир аздан соң каткырып ийди:

- Кандай абалда калдыңар, ушинтип эле заматта баарын жасаса болот бекен?

- Жинди, - деп жиберди Чынгыз, - Ой чын эле аялдардын амалы кырк эшекке жүк болот экен да.

- Койгула эмесе, тамашаны коюп келечек жөнүндө сүйлөшөлү, - Кандай дейсиң?

- Мен макулмун, - Айпери Алмаздын колун кармап өйдө болду да жетелешип басып кеткенде Чынгыз Гүлсүнайды колдон алды:

- Жүрү жаным, биз дагы өзүбүзчө кыялданып келели.

- Жарайт, - Гүлсүнай жылмая аны менен кетти, Артиз менен Марина бири-бирин карап жылмайып калды:

- Биз каякка барабыз? - деди Артиз.

- Ушул жерде деле кыялданса болот.

- Туура, биз бул жерден эле кыялды ишке ашыра беребиз, Марина капа эмессиңби?

- Эмнеге?

- Шашылыш чечим чыгарып ата-энемди ээрчитип барганга.

- Жо-ок, бирок келечек тагдырды тобокелге салганыбыз болбоду.

- Ошондой болуп калды, - Ойлуу кыздын жүзүнө тигилди, - Марина, мага көз карашың кандай, эгерде бири-бирибизди түшүнүшө албасак кеч боло электе токтотсок кандай дейсиң?

- Мен билбейм, али дагы ишенип-ишенбей турам, чынында алды жагыбызда кандай тагдыр күтүп турганын билбейбиз да, ал үчүн бири-бирибизди көбүрөөк билүүбүз керек Артиз.

- Эң туура, бири-бирибизди билүүбүз зарыл.

- Мурда сүйлөшүп көрдүң беле Артиз?

- Эмне, аа-а жок-жок, кыз жандап көрбөгөнмүн, классташ кыздар менен эле сүйлөшкөнмүн болбосо... А сенчи Марина?

- Сүйлөшкөнмүн, бирок сүйүү болгон эмес, дос болуп жүрдүк.

- Ал каякта азыр?

- Америкада.

- Окуп кеткенби?

- Ооба.

- Балким ал сүйгөндүр сени.

- Билбейм, мен аны сүйгөн эмесмин.

- Кантип билдиң?

- Сезем, эгерде мен аны сүйсөм сагынмакмын.

- Мен сени сүйүп калдым десем ишенесиңби?

- Жок, анткени бул аз убакытта мүмкүн эмес.

- Бир көз карашта сүйүп калуу мүмкүн дешет го?

- Мен ишенбейм.

- Анда неге макул болдуң?

- Айпери үчүн.

- Эмне?!

- Ооба, ал менден суранды.

- Демек, - Артиз туруп аркы-терки басты, - Мындай болбойт, зордоо менин хоббим эмес Марина, ушундайда ачык айтып токтотуу керек.

- Дагы бир ай бар эмеспи, балким бири-бирибизге көнүп кетээрбиз.

- Антип өзүбүздү алдаганда эмне.

- Артиз, - Марина анын жанына келди.

- Айта бер.

- Мага сен жагасың.

- Эмне? - Артиз бери бурулуп аны карады.

- Ооба, чынында сени жактырып калгандаймын.

- Ишенбейм, эми эле мага ишенбейм дебедиң беле?

- Кыз балага жакшы көргөнүн билдирүү өтө уят иш, айтуу оозго келбейт.

- Демек менин сүйүүмдү кабыл аласыңбы? - Артиз аны эки карыдан ала көзүнө карады, - Менин тагдырлашым болууга макулсуңбу?

- Макулмун.

- Алтышка, - Артиз кызды бооруна кысты, аларды алыстан карап турушкан Алмаз менен Айпери, Чынгыз менен Гүлсүнай алакандарын чапкылап каткыра кырдан түшүп келишти:

- Салам сүйүшкөндөргө!

- Куттуктайбыз!

- Азаматтар, биздин үмүттү актадыңар.

- Силер эмне аңдып турдуңарбы? - деди Артиз сүйүңкүрөбөй.

- Силерди жакшылап сүйлөшсүн дедик, - деп Айпери бөлөсүн чопулдата өөп-өөп алды.

- Балдар, кыздар, - деди Артиз маанилүү сөз атчыда аларды карап, - Биз Марина экөөбүз силер ойлогондой эмес, биротоло коштошуп жатканбыз...

- Эмне-е?

- Ыя?

- Эмне дедиң?

- Кызык го? - дешип төртөө делдээ туруп калышты.

- Ооба, тереңдеп кете электе токтотууну туура көрдүк.

- Биз бири-бирибизди биле албайт экенбиз, - деди Марина улутуна.

- Жинди болбогулачы, таежемдер эмне дейт, тойго даярдык көрүлүп жатпайбы? - Айпери чыйпылыктап жатты.

- Баарынан дагы силер үйлөнсөңөр болду, биз тойго жөн гана конок катары катышабыз, - деди Артиз мостое.

- Жо-ок жок досум, мунуңар болбойт, сен сөз бербедиң беле Артиз?

- Кыз сүйбөсө албайм да балдар, мени дагы түшүнгүлө да.

- Ооба, ушундайда бирге боло албаган соң өз жолубуз менен болгонубуз оң.

- Эмне деп жатасыңар деги, түшүнсөм буйрубасын, - Алмаз башын чеңгелдей аркы-терки басты, - Аяш атамдар эмне дейт эми?

- Аларга азыр айтпай эле туралы, болбосо мени атам инвалид кылып коет, - деди Артиз.

- Жарайт, бирок өзүңөр жооп бересиңер жарайбы?

- Жарайт-жарайт достор, Маринаны кыйнаганда эмне, - деп Атиз аларга байкатпай көзүн кысып койду Маринага. Ошентип алар тымызын жолугушуп жүрүп убакыт өтө берди, Марина ага:

- Эмнеге аларга чындыкты айтпадың? - деди жылмая.

- Аларга сонун сюрприз кылабыз жаным.

- Шок болушат го?

- Ошентсин, биздин сүйүүбүзгө ишене албай калышты алар.

- Айпери мага капа, таежемдер камынып жатышат, апамдар болуп, эки кыздын себин даярдашты айт, - Күлүп калды.

- Мейли, Айпери таарына турсун, чындыкты билгенде андан бетер таарынат.

- Ал күнү каттоодо кантебиз, жолугуп калсакчы?

- Жолукпай турган болуп сүйлөшүп коебуз.

- Макул анда.

- Марина, мен сени сүйүп бара жатам.

- Мен дагы.

- Чынымды айтсам биринчи эле көргөндө меники болооруңду билгем.

- Чынбы? - Наздана карап жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөдү.

- Жалган айтмак белем анан.

- Мен деле ошондо сезгенмин.

- Буйруса бактылуу болобуз, - деп Артиз кызды акырын өзүнө тарта кысып койду. Үйлөнөөр күнү Артиз ЗАКСтагыларга эскертип саатын жылдырып койгон, ЗАКСтан чыккан соң экөө билинбей эле алардын жанында жүрүп жок болуп кеткенде:

- Алмаз, Марина менен Артиз кайда кетип калды? - деди Айпери.

- Алар ушул жерде эмес беле?

- Таппай калдым, коноктор келе баштады, - Ошол кезде той алып баруучу жаштарды чакырды, Чынгыз менен Гүлсүнай, Алмаз менен Айпери келип туруп калганда:

- Нурзатов Артизбек менен Атаева Марина! - дегенде Чынгыз, Алмаз, Айперилер таңгала карап калышты.

- Эмне, алар дагы үйлөнүшөбү? - деди Алмаз.

- Билбейм, - Айпери ийин куушурду.

- Кызык го, бизди алдашкан окшойт, - деди Чынгыз.

- Балким сюрприз кылгысы келгендир, - деди Гүлсүнай, аңгыча экөө колтукташа басып келе жатканын көрүп жалдырап калышты. Бажырая жүздөрү жаркылдап келип катарына туруп калганда Алмаз.

- Эй алдамчылар, - деди күлүмсүрөп муштумун түйө.

- Бул үчүн жооп бересиңер, - деди Чынгыз дагы күлө карап.

- Сюрприз кылсак дагы болбойбу? - деп күлдү Артиз.

- Ой бир ай бою силерди ойлонуп жаман болбодукпу? - деп Айпери шыбырай бөлөсүн түрттү.

- Мына, эми чогуубуз, - Марина күлүп койду, ошентип үч дос бирдей үйлөндү, бирок убакыт деген тез эле өтө берет эмеспи, Айпери менен Марина кош бойлуу, алты айга карап калган, Гүлсүнайдын боюна боло элек. Бирдей убакытта балалуу болобуз деген жаштар аларды тамашалап калышат, Чынгыз ызаланып кээде Гүлсүнайга:

- Гүлсүн, биз качан балалуу болобуз? - дечү болду, анда ал:

- Шашылба, кудайым буйруган күнү, - деп коет.

- Алмаздар үч айдан кийин уулдуу болушат, биз дагы балалуу болсок жакшы болот эле, - деди кучактап жатып.

- Мен кайдан билем, балким болуп калаар.

- Эртерээк эле болсо экен жаным.

- Кудай буйруса болот.

- Чынында биз бири-бирибизди катуу сүйдүк, Алмаз ата-энеси тапканга үйлөндү, Артиз дагы капыстан үйлөндү, биздин сүйүүбүздөн данек өсүп чыкса кандай жакшы ээ жаным.

- Ананчы, - Гүлсүнай ага тигилди, - Досторуң сага жол берээрин билгенмин.

- Эмнени?

- Үчөөңөрдүн катыңарды айтам.

- Биз экенибизди кайдан билдиң?

- Кол жазмаңардан эле тааныгам.

- Койчу, ошону ойлобоптурбуз.

- Чыныгы дос экениңерге көзүм жетти.

- Ооба, мен дагы алар үчүн даяр элем, бирок алар мага бут тосушкан жок.

- Азаматтар, - деп көзүн жумуп алды Гүлсүнай. Анын ата-энеси себин жакшы бере алган жок, Сайра уулуна капаланып жүрдү көпкө чейин, аны Канатбек тыят, Чынгыз болсо моюн бербей сүйрөөрүн айтып басып кетет.

- Толгон кыздан ушуну таап алыптыр, жуксуз немелерге жолуктук, чеке тердеп деле чай ичише турган адамдар эмес экен.

- Ой болбодубу эми, балаң сүйөм-күйөм деп жатса биз эмне кыла алабыз?

- Ошондо деле ойлонбойбу ыя, же бир окуган окуусу жок, жылаңач жабык, ачка ток жүрүп өскөн немени төрүбүзгө талтайтып эрке келин кылып алдык.

- Бечара болсо эмне, анын деле жакшы жашоого, бактылуу болууга акысы бар, колунда жок деп жигит карабай кетмекпи, сүйүү деген жүрөк иши байбиче, келиним дурус эле, угуп калса капа болот, минтпей жүр, - деп Канатбек аялын тыя сүйлөдү, - Балаң дагы капа болуп жүрбөсүн.

- Болсо боло берсин, көрбөйбү Алмаз менен Артиздерди, ал министрге күйө болуп калды, алардан уялып зорго жүрөм, Нуртаздар менен Суран сыяктуу бардар үй-бүлөөгө куда болуп төрүндө отурсак болот беле?

- Болду дейм эми, балдар угуп калат.

- Эмне мен ошол шалп этек кудагыйга тең бекенмин?

- Ой кудай урган, сен мындай эмес элең, деги акыл-эсиң ордундабы?

- Мени жинди болуп калды, - деп жатасыңбы?

- Жо-ок, болду да эми.

- Апа, эмне болуп жатасыз? - Чынгыз чыга калды, Гүлсүнай сыртта жүргөн.

- Алат десе эле жуксуз бирөөнүн кызын жетелеп келгениң эмнең ыя?

- Мен Гүлсүнайды сүйөм.

- Сүйбөй сүмүрөн кал, биз эмне Нуртаз сыяктуу жакшылардын төрүндө отурсак жарашпайбы ыя, сүйөм-күйөм, - деп кайдагы бир жок жардыга тең кылдың, Тынар менен Нурипага окшоп керилтип үйгө чакырып, биз аларга барсак кандай бакыт болот эле, шүмүрөйтүп кайдагы немени төрүмө чакыргым да келбейт.

- Апа, Гүлсүн угуп калса капа болот, төркүлөй албай ата-энесин сагынып жүрөт, болдучу эми, - деп кайра чыкты, Гүлсүнай кирип келе жаткан, - Гүлсүн, экөөбүз Алмаздыкына барып келеличи, - деди аны алаксытып, апасынын кебин угузгусу келбей.

Гүлсүнай баарын уккан, бирок токтоолук кылып билмексенге салды.

- Кечки тамакка камынам, эртең баралы.

- Апам өзү жасайт, али жапжаш эмеспи.

- Болбойт, келин болгондон кийин өз милдетимди аткарышып керек.

- Койчу эми көктүк кылбай, бир аз сейилдеп келели, - деп ичкери кирип бара жатканда:

- Тим эле кожонун кызындай керилет, өзүн укмуш сезет окшойт, жанагы бака баштуу балаңдын кылганы, толгон кыздан ушуну тандап, - деген Сайранын үнү угулду.

- Бас үйгө кирип кийинип чыгалы, - деп Чынгыз аны ички бөлмөгө киргизип кетти.

- Чынгыз, сен туура эмес кылдың окшойт.

- Неге, мен өзүмдүн кылганыма өкүнбөйм.

- Мен ата-энеңе жакпадым, ата-энемдин колунда жоктугуна күнөөлүүмүн Чынгыз, минтип отурсак көпкө жашай албайбыз.

- Эмнеге, баары жайында болот, апам акыры түшүнөт да.

- Жок, мен эми тура албайм, кетем үйүмө.

- Гүлсүн.

- Сүйлөбө Чынгыз, келгенимден бери далай сөз уктум, ооз ачпадым, кайым айтышып сөз кайрыбадым, анткени ата-энем улууларга каяша кылба, - деп үйрөткөн.

- Сага рахмат Гүлсүн, апам үчүн мени кечир, апам сени түшүнөт, кетем дебечи Гүлсүн, - Чынгыз жалдырай анын колунан жыйнап жаткан кийимдерин алып ары койду, - Мен сени кетирбейм жаным.

- Ушундай кантип жашоо болсун? - Гүлсүнай бышактап ыйлап жатты.

- Баары ордуна келет алтыным, - Келинчегин өөп сооротуп отургузду, - көрөсүң го, апам баары бир сени түшүнөт, анан жакшы болуп кетесиңер.

- Билбейм, мени өмүрү түшүнбөйт го?

- Түшүнөт алтыным.

- Үйгө кирсең чыгышың кыйын да, тур чыгып тамак жаса, - деп Сайра баш бакты.

- Азыр апа.

- Ашый апа деп коет, - Сайра силкине кайра кетип калды. Ошентип убакыт өтө берди, Гүлсүнай Сайранын ызгаарына чыдай албай кетип калган, Чынгыз анын үйүнө тез-тез бара берет, Алмаз менен Артизге жолугуп дагы сырын айтып көпкө отурат, бүгүн дагы үчөө бирге отурушат:

- Эми Гүлсүнай менен ажырашасыңбы? - деди Артиз.

- Эмнеге, ажыраша турган оюм жок.

- Анда бөлүнүп жашагыла да, - деди Алмаз.

- Туура, бөлүнүп кеткиле.

- Чын эле, ушул оюма келбептир, - Чынгыз кубанып кетти, ал дароо эле батир издеп таап анан Гүлсүнайга барды, - Гүлсүн, жүрү кеттик.

- Кайда, эмнеге кетебиз?

- Мен батир таптым, өзүбүзчө жашайбыз.

- Атаңдар макул болобу, кыйналбай эле койсоң болмок.

- Сен үчүн баарына кайылмын Гүлсүн.

- Мен бара албайм, тынч эле ажырашып алалычы.

- Мени сүйбөйсүңбү Гүлсүн?

- Сүйүү бакыт алып келсе жакшы, мындан көрө сүйүүсүз эле бактылуу болгон жакшы го, сүйүү экөөбүзгө эч нерсе бере алган жок Чынгыз.

- Жо-ок Гүлсүн, сен жаңыласың, көрөсүң го биз бактылуу болобуз.

- Заардуу сөздөргө ууланып бүттүм., жок жарды болсок дагы мээримден куруу өскөн эмесмин, байлыгы төгүлүп турса да заар чачып турса ичкениң аш болобу Чынгыз, мен эми кайрылып барбаймын, өзүбүзгө окшогон бирөө табылаар, болбосо бул өмүрдөн эрсиз өтөм, - деп Гүлсүнай болбой койду. Чынгыз канчалык айтса дагы болбоду, ал аргасыз үйүнө башын жерге салып ыргылжың келди.

- Эмне болду Чынгыз, кел тамак иче гой, - деп Сайра жаркылдай каршы алды.

- Ичпейм, - Өз бөлмөсүнө өтүп кетти.

- Баягы өлүксүз бирдеме деген го балам, ага кайгырбай эле кой, сага со-онун кыз таптым, эртең эле алып беремин, кыз ак үйдө иштейт экен, тим эле сулуусун айт.

- Кереги жок, Илгизге алып бер! - деп бурк этти Чынгыз.

- Ошол болчу беле, Илгиз азыр үйлөнө турган боло элек, мына көрсөң кыздын сүрөтүн, - деп Сайра жагалдана сүрөттү алып келип көргөздү, - Татынакай кыз экен, атасы сот болуп иштейт экен.

- Болсо боло берсин, мага кызыгы жок, - Чынгыз эшигин жаап алды, ошол бойдон эки үч күн эшикке чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй, эчтеке ичпей жатып алды, аргасы кеткен Сайра менен Канатбек урушуп жатты:

- Баланы өз оюна койсоң болот эле го, келинге барып алып келүү керек.

- Сен жинди болдуңбу, кеткенине мен кубанып отурам билсең, Чынгыз акыры унутат, андан кам санаба, ошол азезили келбесин эми үйгө.

- Акылың жок байбиче, балага убал болду, мен Алмаз менен Артизди чакырайынчы, - деп Канатбек телефонго барды, - Алоо, мен эле Нуртаз, Артизди биздин үйгө жиберип койчу, Алмаз экөө тең келсин, макул-макул, - деп трубканы койду.

- Ушул акылың туура, алар келсе алаксып кетет, - деп Сайра кубанып алды, Алмаз менен Артиз бат эле келип калышты. Чынгыз суу ичкиси келип карды ачып турса дагы чыдап балдар менен сүйлөшүп отурду.

- Эми эмне кылайын дейсиң Чынгыз? - деп сурады Алмаз.

- Гүлсүнайды бактылуу кыла албадыңбы досум? - деди Артиз.

- Ооба, бактылуу кыла албадым, эгерде силерге туш келсе кандай болот эле? - Чынгыз эки досун карады, - Балким аяш энемдер асылбайт беле?

- Билбейм, биз деле балким ошентет элек ким билет?

- Ооба, үчөөбүз сүйгөн кыз, досторум мага сыйлап жол берген, эми мен сүйүүмө тура албадым, сүйгөн кызымды бактылуу кыла албадым.

- Өкүнбө досум, балким тагдырыңар ушундайдыр.

- Билбейм, эмне кылаарымды билбейм.

- Балким биз барып көрсөк кантет? - деди Алмаз.

- Чын эле, ортого түшүп көрбөйлүбү, - Алмаз макулдугун билдирди.

- Силер барып көргүлө, мага болбой койду, көрүнбөй турайын, - деп Чынгыз өйдө болду, үчөө үйдөн чыкканда Сайра:

- Ой отуруп тамак ичкиле, - деди аларга.

- Аяш эне, ишибиз бар, капа болбоңуз, - дешип болбой чыгып кетишти.

- Капырай Чынгыз ачка эле, бирдеме ичип алса болот эле...

- Шашылышпыз аяш эне, - деди Артиз, ал ушул кезде аны жек көрүп турган эле, анын Гүлсүнайга асылып өч болгонун угуп жинденип жүргөн болчу. Алар ээрчише унаага отуруп Гүлсүнай жашаган дачага жөнөштү, Чынгыз алысыраакта кала берди. Алмаз менен Артиз түз эле барып эшигин такылдатышты, күз болгондуктан суук болгонго эшиги жабык эле:

- Ким? - деп иниси Жанат чыга калды.

- Гүлсүнайды айтып коесуңбу?

- Ал тура албайт, ооруп жатат.

- Эмнеси ооруп жатат? - деп жиберди Артиз.

- Билбейм көп болду.

- Кирсек болобу? - деп Алмаз айтканда Тынар чыга калды.

- Келгиле балдар.

- Саламатсызбы?

- Саламат, кир-кире койгула.

- Гүлсүнайга келдик эле.

- Кирип жолуккула, - Аларды Тынар ичкери киргизди, Гүлсүнай төшөктө жаткан, тура калды:

- Келгиле...

- Келдик, акыбалдар кандай?

- Жакшы, өзүңөр кандай, Айпери менен Марина төрөй элекпи?

- Жо-ок, аз калды дейт го? - Алмаз күлө Артизди карады.

- Ооба, жакында төрөйт да, эмнең ооруп жатат Гүлсүнай?

- Сууктап калсам керек.

- Тез сакайып кет, - Алмаз бирдеме дебейсиңби дегендей Артизди карады.

- Гүлсүнай, Чынгыздын абалы оор, үч күндөн бери эч ким менен сүйлөшпөй дагы, эчтеке ичпей дагы жатат, ушундай кантип болсун?

- Тагдырыбыз ушундай экен, биздин колубузду жоктугу кедерги болду, эми Чынгыз тагдырга тан берип өз жашоосун өткөрсүн, - Гүлсүнай жашка мууна түштү, - Мен болсо баламды жоготтум...

- Эмне?

- Чын элеби?

- Ооба, боюмдан түшүп калды.

- Жаман болуптур, Чынгыз билчү беле?

- Жок, өзүм деле билген эмесмин.

- Капаланба Гүлсүнай, дагы деле балалуу болосуңар, - деди Алмаз.

- Биз кайталы, Чынгызга эмне дейли?

- Өзүнө карасын, менден үмүтүн үзсүн, жашоо алдыда...

- Эми дагы ойлонгула Гүлсүнай, биз силердин ажырашууңарга жол бербейбиз, - деди да туруп коштошуп чыгышты. Чынгыз машинада отуруп тажап кетип эми гана сыртка чыкканда алар келип калышты.

- Эмне болду, сүйлөшө алдыңарбы?

- Ооба, иш чатак досум, анын боюнан түшүптүр.

- Эмне, боюнда бар бекен?

- Ооба, өзү да билбей калдым дейт.

- Эми эмне кылам, кайра өзүм барсамбы?

- Болбойт, төшөктө экен, кайра капаланат.

- Макул, кандай кылабыз, боло турганбы?

- Карайып алыптыр, бизди угаар түрү жок.

- Ал сени аяп жатат, эми болбойт го?

- Мен андан ажырасам өлөм, - деди Чынгыз терс бурула, - Ошол учурда Алмаздын кол телефону чырылдады, - Ал телефонуңду, балким Гүлсүнай болуп жүрбөсүн, - деди Чынгыз шашкан түрдө.

- Алоо угуп жатам, качан кетти, азыр барып калам, - Алмаз телефонун чөнтөгүнө салды, - Айпери толготуп төрөтканага кетиптир.

- Анда кеттик, - деди Артиз, үчөө унаага отуруп жөнөштү, алар келгенче Айпери уул төрөп коюптур, үч дос бири-бирин кучактап кубанып гүл көтөрүп алышып төрөтканага келип Айперини куттуктап андан соң үчөө кафеге киришти.

- Досум кайгырба эми, сен дагы балалуу болосуң, эмесе биздин уулду жууйлу, - деди Алмаз кубанычтуу, - Мына, биз бирөөгө бала элек, эми минтип ата да болдук.

- Ананчы, карасаң убакыт билинбей өтүп кеткенин, - Артиз коштоду.

- Куттуктайм досум, уулуңардын боосу бекем болсун, ылайым бактылуу балалык доорун сүрсүн, - деп Чынгыз Алмазга кайрылды, - Атын ким коеюн дейсиңер?

- Атам коет го, алардан өтүнө албайм.

- Туура, ата-энени сыйлаш керек.

- Сен дагы ошентесиңби?

- Ооба, азыртан эле атам ат камдап жүрөт, - Артиз күлүп калды.

- Сен эмне күйөө абалсың, кайнатаң сразу машина мингизди, балаңдын атын өзү коебу дейм да, - деп тамашалай күлдү Чынгыз.

- Кимиси койсо дагы туула берсин, - деп Артиз дагы күлүп үчөө пиводон ичип көпкө отурушуп анан Чынгызды үйүнө жеткирип койду. Сырттан киргенде эле анын кызуу экенин байкады Канатбек.

- Эмне болду балам, ичип алгансыңбы?

- Ичтим, досторум балалуу болуп жатат, мен болсо жоготтум баарын, - Бөлмөсүнө өтүп кетти, - Мени бактысыз кылдыңар!

- Ой бала, билсең сени бактылуу болсун деп жатам, - Сайра чыга калды.

- Мениби апа, - Чынгыз ыржая мыскылдуу күлдү, - Бүттү баары, балам да жок, Гүлсүн дагы келбейт, эми менден үмүт кылбагыла!

- Балам, антпе кагылайын, балам жок дегениң эмнең, али жашсың садага, эми эле үйлөнсөң балалуу боосуң.

- Эмиби? Үйлөнүппү? - Каткырды, - Досторум кандай бактылуу, а мен бактысыз, сүйүүмдөн айрылдым апа, билесиңби Гүлсүнайдын боюнан түшүптүр!

- Эмне, боюнда бар беле?

- Ооба, эми жок, баргыла жатам, - деп эшигин жаап алды. Ошондон он чакты күн өткөндө Артиздин аялы Марина уул төрөдү, Чынгыз өзүн жаман сезип турса дагы досторунун кубанычына ортоктошуп бирге жүрүп кечке маал өзүн билбей жыгылып бара жатканда Алмаз кармап калды:

- Чынгыз сага эмне болду?

- Чынгыз эмне болду? - Артиз менен Алмаз машинага салып ооруканага жеткиришти, врачтар көрүп укол-дары бергенден кийин көзүн ачты:

- Мен кайдамын? - деди ал көзүн ачып эле Алмаз менен Артизди көрүп.

- Сен эсиңди жоготуп койдуң, тынчыраак жат.

- Жок, мен өзүмдү жакшы эле сезип турам, үйгө кетүүм керек.

- Врачтар анализ алабыз дешти, бүгүнчө жатып тур, - Алмаз менен Артиз аны тургуза койбоду.

- Жакшы элемин...

- Уулум, сага эмне болду? - Сайра менен Канатбек келип калды.

- Балам, эмне болуп кетти, бир жериң оорудубу?

- Жок апа, мен бир аз башым айланып эле...

- Кудай сактай гөр, врачтар көрдүбү анан?

- Ооба, анализ алабыз дешти, - Артиз жооп берди.

- Кереги жок, үйгө кетем.

- Кой уулум, анализ алса алсын, - деди Канатбек.

- Койгулачы болбогонду айтпай, мен сопсоо элемин, - Чынгыз туруп кийине баштады, Алмаз врачты чакырып келди:

- Жигит, бүгүн кетпейсиң, башың мурда ооручу беле?

- Жок, эч жерим ооруган эмес.

- Эмне болду иним, бирдеме билдиңерби? - Сайра врачка кайрылды.

- Башын көрүү керек, оору башталган...

- Эмне дейт кокуй? - Сайра үрпөйө карап калды.

- Оорубай элемин, - Чынгыз уккусу келбей кетмек болду.

- Ден-соолук оңой эмес жигит, - деди врач, Канатбек врачты жалт карады.

- Ошончолук кооптубу иним?

- Албетте, башында шишик бардай, тезинен текшерилсе дарылоого эрте киришкенге болот, - деди врач олутту карап.

- Уулум, бир-эки күн жатып текшерилип алганың оң, - Сайра чыйпылыктап ийди.

- Чынгыз, ден-соолугуңду жакшылап каратып ал, - деди Алмаз менен Артиз дагы жарыша карап, Чынгыз ойлонуп калды, баарылап көндүрүп калтырышты, ал ойлонуп: "Анда менин башымда шишик болсо кыйын экен да, а балким опухел болуп калгандырмын, анда жаман экен, өлүп калышым мүмкүн тура, эчтеке билбей жатып калганымды кара", - деп ойлоп ата-энеси менен достору кеткенден кийин жатып калды, Алмаз үйүнө келген соң Гүлсүнайга телефон чалды, ал көптө барып анан алды:

- Алоо, угуп жатам, - деди ал акырын.

- Гүлсүнай, ден-соолугуң кандай?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар, уулуңар чоңоюп жатабы?

- Баары жайында, Гүлсүнай Чынгыз ооруканада жатат, башында шишик бар дейт врач...

- Эмнеге, кандайча шишик?

- Опухел болушу мүмкүн экен.

- Кайсы ооруканада.

- Республикалык ооруканада.

- Жарайт, эртең барам.

- Ошент Гүлсүнай, кыйын кезде жанында болушуң керек, рахмат мени угуп макул болгонуңа, эртең ооруканада жолугабыз, - Алмаз терең дем алып алды, - Оой эст, демек Гүлсүнай келе турган болду.

- Алмаз, - деди баятан бери жанында отурган Айпери.

- Оов жаным, эмне болду?

- Гүлсүнайдын келээрин угуп аябай кубандың го?

- Чынгыз ошол үчүн ооруп калды менимче, катуу ойлонуп ийди окшойт.

- Туура, ал дагы абдан көк болсо керек?

- Аныкы деле туура да бир жагы, керээлден кечке эле жок-жардысын айтып байкушту кемсинте берсе ага кыйын да, бирок ал дагы Чынгызды ойлоп кыйналып жатса керек, келмек болду.

- Табышып калышабы?

- Көрөбүз го, Артиз экөөбүз аракет кылабыз, биздин достугубуз бири-бирибизге колдоо көрсөтүү да, бирок билгизбей туруп жасайбыз, - Алмаз келинчегин өөп кучактады, - Сен билбейсиң Айпери, кичинебизден бирге өстүк, урушкан эмеспиз, бирибизге балдар тийишсе үчөөлөп тура калчубуз, Артиз бешинчи класста окуп жүргөндө ооруп жатып калса Чынгыз экөөбүз анын жанынан чыкпай ыйлаганыбыз эсимде, ата-энелерибиз дагы таңгалып күлүп калышчу.

- Түшүнөм, бирок силердейди көргөн эмесмин Алмаз.

- Ооба, биз башкачабыз...

- Чынгыз мурда ооручу эмес беле?

- Жок, ооруганын көргөн эмесмин.

- Жакшы болуп кетсин, уктайлы эми.

- Жаталы, Манас уктап жатабы?

- Ооба, азыр эле уктады, ал уктап жатканда мен дагы эс алайын, - Экөө жатып калышты: "Эгерде Гүлсүнайга мен үйлөнгөндө апам дагы ошентет беле, мен дагы ортодо кыйналат белем, эмнеге колунда жок деп кемсинтишет, колунда жоктугу үчүн Гүлсүнай күнөөлүүбү, ал эмнеге азап чегиши керек, биз эми сүйгөндүгүбүз үчүн ага,, Чынгызга жардам берип ажырашканга жол бербешибиз керек", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Өмүркулдар эптеп үй алышкан, бирок мал бакканга көнүп, акысы жакшы болгондуктан сарайда болуп жаткан.

Эртеси эрте Гүлсүнай ооруканага келип Чынгыздын палатасына халат жамынып кирип келди:

- Гүлсүн, - Чынгыз тура калды.

- Кандай, акыбалың жакшыбы? - Өбүшө учурашып жанына отурду.

- Өзүң кандай Гүлсүн?

- Жакшы эле, врач көрдүбү?

- Жок, эрте анализ тапшырдым.

- Жакшы болуптур.

- Гүлсүн, эмнеге мага айткан жоксуң?

- Айтканга үлгүрбөй калдым.

- Кыйналдыңбы?

- Ооба, эми жакшымын.

- Жанымдан кетпечи Гүлсүн.

- Өзүңдү карачы, аны ойлогонго азыр убакыт жок, анализ качан чыгат экен?

- Эртең чыгат деди.

- Дарылан, көп ойлонбо, мен анда эртең келем.

- Эмне шашылышсыңбы?

- Ооба, апама жардам беришим керек.

- Бир аз отурсаң...

- Эртең келем Чынгыз, анализдериң чыксын, мен барбасам болбойт, - Гүлсүнай ордунан турду, - Жакшы жат, сакайып кет Чынгыз.

- Макул, ушул келгениңе да рахмат, - Чынгыз жер карай кабак бүркөдү.

- Дагы келем, - деп чыгып бара жатканда Сайра менен беттешип калды, - Жакшысызбы апа?

- Сен кайдан жүрөсүң биерде, кутулган экенмин деп жүрсө, - Сайра аны акшыя карады.

- Апа, Гүлсүн менин аялым, ал мага келди, - деди Чынгыз басып келип, Гүлсүнай аларга кулак салбай кетип калды, - Менде эмне өчүңүз бар апа, же мени өлтүрө албай жүрөсүңөрбү?

- Садагаң болоюн, андай дебе уулум, ошол пайда болду үйүбүздөн тынчтык кетти, кандай үй-бүлөө элек балам, - Жанына келип кучактап өпмөк болду эле Чынгыз ары карап кетти:

- Ушундан көрө неге жашымда өлүп калбадым экен.

- Кой уулум, ал эмне дегениң, анын бетин ары кылсын.

- Курулай сүйлөй бербеңиз, дагы бир жолу Гүлсүнайга бирдеме десеңиз мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм, кудай бере турган ажалды күтүп отурбайм апа!

- Чынгыз...

- Болду, үйгө кете бериңиз.

- Кандай эле тогуз ай көтөрүп, толгонуп эмгизип баккан энеңден ошол бир кыз ашык болуп кетет уулум, мен сага жакшылык гана каалаганымдан...

- Жетишет, каалаган жакшылыгыңыз ушул болсо...

- Чынгыз, кандай ал-акыбал?

- Бүгүн дуруссуңбу? - деп Артиз менен Алмаз кирип келишкенде Сайра кыйпычыктап аларга карай албай:

- Балам, тамакты ысыгында ичип алчы, - деп идишке куя баштаганда:

- Апа, мен азыр тамак ичпейм, бара бериңиз, - деди Чынгыз, ал аргасыз чыга жөнөдү.

- Гүлсүнай бүгүн келет, - деди Алмаз ал чыгаары менен.

- Уже келип кетти.

- Эмне, ошончо тез кетип калдыбы?

- Ооба, апам келип калбадыбы.

- Капаланба досум, ал деле сени кыя албайт, бир аз ызалуу...

- Ал ызасы өмүр бою кетпейт, апам ушинтип турса ал экөөбүз бирге боло албайбыз достор, менин азабым да арманым да ошол, - Чынгыз капалуу керебетке отуруп калды, - Өзүңөр кандай, Манас менен Эржан чоңоюп калдыбы?

- Чоңоюп жатат, азыр Айпери менен Марина дагы келип калат, - деди Алмаз бет маңдайына отуруп.

- Анализ алдыбы? - Артиз сурады.

- Ооба, толук текшеребиз дейт.

- Ошо жакшы, бир жолу жакшылап текшерилип койгонуң дурус.

- Жаман коркуттуң да, андай болбойт досум, ден-соолук болбосо кимбиз биз?

- Ошо да, - деди Алмаз Чынгызга карап, - Гүлсүнай дагы келем дедиби?

- Ооба, эртең келем деди.

- Азамат, эми аны кайра ала качабыз кандай дейсиң?

- Кантип?

- Биз сага сонун үй таптык, экөөбүз бүгүн ичин даярдап сен чыкканда Гүлсүнайды чакырабыз да экөөңөрдү алып барабыз, - деди Алмаз.

- Айтпай тур, сюрприз кылабыз дебедим беле? - Артиз күлүп калды.

- Чыдабай кеттим, шашмалыгым кармап кетти, - Алмаз ушинткенде үчөө тең күлүп калышты.

- Бекер убара болупсуңар балдар, ошого Гүлсүнай болоор бекен? - деди Чынгыз ойлуу экөөнө карап, - Ал эми келбей дагы коюшу мүмкүн.

- Келет, сен үчүн убара болгонубуз кеп эмес, башкысы бактылуу болсоңор болду.

- Албетте, бизге дал баягыдай досубуз керек.

- Менин баарынан көңүлүм калып бара жатат, Гүлсүнайда эч күнөө жок достор, мен аны коргой албадым, жүрөгүн ооруттум, ушундан көрө сүйбөгөн бирөөгө үйлөнгөнүмдө билгизбей басып кетет белем билбейм, сүйгөн адамымды кордоп койдум...

- Капаланба досум, бул өтүп кетет, бактылуу болосуңар, - деди Алмаз.

- Ошо, ойлоно бербе досум, бул убактылуу гана, баарын ордуна коебуз, - деп Артиз коштоду, аңгыча Марина менен Айпери келип калышты, тамак-аш алып келип учурашып бир аз отурушкан соң чогуу кетишти. Чынгыз досторунун аракетине абдан ыраазы болду: "Мени Гүлсүнай менен ажырашпасын деп жатышат, апам мынчалык неге ага асылып калды, колунда жок болгондо аларга биз тамак ташып жаттык беле, же андан бирдеме сураштыбы, эмнеге Гүлсүнай апама жакпады", - деп ойлоп эч кимге көрүнбөй чүмкөнүп алып ыйлап алды. Ошол убакта кайра Сайра менен Канатбек кирди:

- Кандай уулум, акыбал жакшыбы? - Канатбек уулун далыга таптай жылмайды.

- Жакшы эле ата.

- Тамак ичип алсаң боло? - деди Сайра көзүн ала качып.

- Ичпейм, - Чынгыз бурк этти.

- Уулум, тамак ичип тур, канчалык тамакты ичип турсаң кубат болот, өзүң ооруп жатып ачка болсоң алың кетпейби, - Канатбек салмактуу карады.

- Оорукананын кашасын жеп алгам.

- Ал болбойт, диета кармагандарга болсо болоор, сенин ден-соолугуң жакшы уулум, көп ичпесең каның түшүп кетиши ыктымал.

- Жакшы элемин ата, кете берейин десе...

- Эми эртеңге чейин чыда, анализдериңди көрөлү балам.

- Макул, - Чынгыз өйдө болуп сыртка чыгып келе жатып тутканы кармап туруп калды, башы айланып көзү тунарып барып эс алды.

- Эмне болду Чынгыз? - Канатбек анын жанына келди.

- Эчтеке, мен эшикке чыгып келейин, - Эшикти ачып эки кадам басаары менен эле дубалга сүйөнүп туруп жыгылып түштү. Канатбек аны көтөрүп керебетине алып келди, Сайра врач чакырып келди, аны үймөлөктөп калышты, эки-үч сааттан кийин эсине келди Чынгыз, көзүн ачып эле апасын көрүп жүзүн буруп кетти.

- Апа, үйгө кетиңизчи.

- Уулум...

- Мен сизди көргүм келбейт.

- Мен жаныңдамын уулум, - Канатбек жанына отуруп Сайрага чыга тур дегендей белги берди, ал палатадан чыгып кетти, - Уулум, сен катуу ойлонуп жатат окшойсуң?

- Ойлонгонум жок ата.

- Биз Гүлсүнайды үйгө алып келмек болдук.

- Апам аны баары бир жактырбайт да.

- Эми андай болбойт.

- Ишенбейм ата, эртең менен келди эле дагы урушту.

- Эмне, Сайра уруштубу?

- Ооба, жаман сөздөрдү айтты, мен ансыз жашай албайм.

- Сен айткандай болот уулум, кааласаң үй алып беремин да бөлүп коем.

- Алмаздар үй табышты, биз бөлөк жашайлы десек Гүлсүнай болобу билбейм, анын катуу көңүлү калды, стресстен улам боюнан да түшүп калды.

- Эмне, качан уулум?

- Апам айткан жокпу?

- Жок.

- Ошол да, апам менин бактылуу болушумду каалабайт.

- Андай эмес...

- Мен апама ишенбейм ата, эгерде Гүлсүнай макул болсо силерден алыс болом, мага таарынбаңыз ата, менин жашоом Гүлсүнай гана, - Чынгыз ары бурулуп кетти, Канатбек унчукпай калды: "Бул катын акылынан адашты, балага тынч жашоо бербес болду, эми оозунан бир сөз чыкса жоготом", - деп чечкиндүү ордунан турду.

- Мен үйгө барайын балам, - деди акырын.

- Бара бериңиз ата, эртең анализдер чыкса мен дагы барам, - деди Чынгыз, Канатбек уулунан кабатырлана кыңырылып палатадан чыкканда Сайра ыйлап турган:

- Али кете элексиңби? - деди ага Канатбек ачуулуу.

- Мен күнөөлүүмүнбү деги, эмне ачууланасың?

- Үйгө барганда көрөсүң, бас кеттик, - деди да алдыга ылдамдай басып жөнөдү, Сайра анын артынан бара жатып: "Балам аман болсо болду, Гүлсүнайды алып келейин, Айкан менен Нурипаны, абысынымды ээрчитип алдынан өтүп, кечирим сурайын да үйгө алып келбесем болбойт, балам ошол үчүн эле ооруп жатса айлам канча", - деп ойлонуп кетип жатты. Канатбек машинасына отургандан кийин:

- Канат, ачууланбачы мага, үйгө баргандан кийин Жамалды чакыралы, Айкан менен Нурипаны алып Гүлсүнайды алып келейин, - деди Сайра.

- Сени көрсө макул болобу?

- Эмнеге болбосун, кайра сүйүнөөр.

- Дагы баягы кер ооздугуңду баштадыңбы?

- Эмне кылдым!

- Баланын акыбалын көрдүңбү, эмнеге Гүлсүнайдын боюнан түшкөнүн мага айтпадың?

- Мен..

- Болду, мындан ары келинге бир сөз сүйлөсөң ажырашабыз, мага баламдын амандыгы керек уктуңбу?

- Кайнене сүйлөп койсо көтөрө албай чуулган кылат, деги сүйлөбөй койсом кутуламбы? - Сайра мурдун чүйрүй башка тарапты карады.

- Келинге өзүм барам, сен үйдө бол, эч кимдин кереги жок!

- Эмнеге? - Акшыя күйөөсүн карады Сайра.

- Ошол, азыр барып кой соебуз, Кемел менен Жамалды чакыртып ийебиз, Илгиз барып келе койсун, сен Айкандарды чакырып боорсок жаса, кечинде чогуу барып алып келебиз, кийит кечени жакшылап даярда, төркүлөткөн да эмеспиз, мына бир жылдай болуп калды, баары сенин айыңдан, сени укпай койсом Чынгыз минтип оорубайт эле, - деп Канат сүйлөп жатканда Сайра үн дебеди. Экөө үйүнө келип камынып Айкан менен Нурипа, Кемел менен Жамал, өздөрү болуп кийит кечени мол алып, союшун союп, боорсок менен таттууларды салып Өмүркулдун үйүнө күүгүмдө келишти. Ары айтышты, бери айтышты акыры келип Гүлсүнайды көндүрүп алып жөнөштү, ал ойлонуп келе жатты: "Чынгыздын ооруп калганы үчүн гана мен керек болгон экенмин, мейли ал сакайып кетсин, анан көрөөрмүн, өзүм каалап чыккан элем, мындан көрө Алмазды же Артизти тандасам болмок экен, бактыма жазылганын көрөөрмүн", - деген сезими ооруткан ойдон арыла электе үйгө келип калышты.

- Кире гой балам, өз бөлмөңө кир, - деп Сайра Гүлсүнайды жылмая карады.

- Рахмат апа, - Гүлсүнай акырын басып бөлмөгө кирди, Чынгыз экөө биринчи түнүн өткөргөн бөлмө, баары ордунда, бир гана азыр Чынгыз жок эле: "оо кудай, аман сакайып кетсе экен, мен аны сүйөм, жаным менен сүйөм, ачуум менен капа кылып алдым, көп ойлонуп калды го, ошого ооруса керек, кудайым жардам бере гөр, Чынгыз сакайып кетсе экен", - деп солкулдап четине отуруп ыйлап жатканда Сайранын үнүн угулду.

- Гүлсүн, ылдый түшчү балам!

- Эмне болду апа?

- Врач чалды, ооруканага барбасак болбойт.

- Чынгызга бир нерсе болдубу апа? - деп Гүлсүнай ыйлап жиберди, Сайра адатынча бирдеме деп ийе жаздап токтоду.

- Кудай сактасын, келип кеткиле дептир, - Сыртты карай басты, Канатбек унаасын от алдырып жаткан, үчөө ооруканага келип палатага адегенде Канатбек, анын артынан Сайра кирди, андан кийин Гүлсүнай киргенде Чынгыз кубана башын көтөрдү.

- Гүлсүн!

- Уулум, Гүлсүн биз менен келди, - деп жылмайган Сайра уулуна жакындады.

- Чын элеби, сен үйгө келдиңби?

- Ооба, - деген Гүлсүнай көз жашын сүртө жанына келди.

- Врачка жолугайын, - Канатбек кайра палатадан чыкты, Сайра маңдайына отурду:

- Бирдеме ичтиңби уулум?

- Жок, жүрөгүмө барбайт.

- Эмне катуу оорудуңбу? - деди Гүлсүнай.

- Жок, ооруган жок, болгону эсимди жоготуп коюп жатам.

- Эмнеге андай, деги бирдеме дедиби врач?

- Эртең билинет го?

- Мындай ооруң деле жок эле кудай ай, деги кандай болду балам? - Сайра ыйламсырай карады.

- Билбейм апа, билсем ушинтип жатат белем?

- Сайра, - деди палатага баш баккан Канатбек, - Бери келчи, - Сайра күйөөсү чакырганда алаңдай палатадан чыкты.

- Гүлсүн, келчи бери, мен сени аябай сагындым.

- Мен дагы Чынгыз, эми эч качан жаныңдан чыкпайм, - Эки жаш кучакташып керебетке жатып калды, - Сен оорубачы, сакайып кетчи Чынгыз.

- Коркпо, сен жанымда болсоң эле мен оорубайм.

- Жарым кадам дагы жаныңдан чыкпайм.

- Алтыным, сүйгөнүм менин, - Чынгыз аны бекем кучактап алды, бул кезде Канатбек Сайраны чакырып алып:

- Башында опухел бар дейт, ушундайда операция кылбаса болбойт деди, - деп аялына аргасы кете карады.

- Операция бул жерден болбойт да, эми эмне кылабыз?

- Маселе ошондой болуп жатпайбы, тоодогу малды сатып келиш керек, ушул жумада Москвага алып кетпесек болбойт.

- Ошент анда.

- Азыр Гүлсүн мында калсын, сен экөөбүз айылга жөнөйлү түндөп, эртең эрте мал саталы, - деп экөө палатага кирип анан кайра чыгып жолго чыгышты...

Гүлмажал апасы күйөөгө тийгенде алты жашар кыз болчу, Айжан күйөөсү өлгөндөн кийин беш жыл жүрүп анан Акылбек менен сүйлөшүп калып ага турмушка чыкканда анын дагы беш жашар кызы бар эле. Акылбектин аялы төрөттөн өлгөн, кызы Элмираны өз апасы багып ал өлгөн соң үйлөнүүгө туура келип Айжанды үйүнө алып келди. Айжандын ата-энеси жок, бир агасы, эки сиңдиси бар. Элмира Гүлжамалды келгенде эле жаман көзү менен караган, ошол бойдон аны такыр жакшы карабайт. А тургай атасын Айжандан кызганып:

- Ата, кетирчи тигилерди, менин аларды көргүм келбейт, - деди бир күнү.

- Кой кызым, Айжан сага эми апа болот, антпей жүр.

- Жо-ок, кетишсинчи ата, - деп ыйлап ал уктаганда гана Айжандын жанына келет, ал мунун баарын угуп туруп өзүнчө кыжаалат болуп: "Бекер кылган окшойм, күйөөгө тийгенди мага ким коюптур, кызымды багып тынч эле жүрсөмчү", - деп кейип алат.

- Акылбек, сен экөөбүз ашыгып чечим чыгарган окшойбуз, - деди да ал жанына келип жатаары менен Айжан.

- Эмнеге андай деп ойлойсуң?

- Эля мага көнбөй жатат.

- Эчтеке эмес, бала эмеспи, көнүп кетет.

- Жо-ок, бала болсо дагы анын көкүрөгү мени кабыл ала албай жатпайбы?

- Көп капалана бербе, өзүңө тарт, акырындап көнүп кетет, - Акылбек Айжанды кучактап өөп жатып алды, - Бала немени апам раматылык өтө эрке кылып коюптур. Айжан андан кийин үндөгөн жок, жашоолору акырындык менен өтө берди, Гүлмажал өтө боорукер анан жоош эле, бир күнү ал үйдөгү диванда отурса жанына келип Элмира колундагы куурчагын жулуп алды эле, ал мостоюп отуруп калды:

- Силер биздин үйгө эмнеге келдиңер, мен силерди аябай жаман көрөм, - деди чукчуңдаган Элмира.

- Сенин атаң алып келди го? - деди болпойгон Гүлмажал.

- Баарына сенин апаң күнөөлүү, эмнеге сени ээрчитип келет?

- Апам жакшы-ы...

- Жоголбосоңор мен сени өлтүрөм, - деп сөөмөйүн кезеп түртүп ийип өзүнүн бөлмөсүнө кирип бара жатып куурчакты ыргытып ийди, Айдан сырттан кирсе Гүлмажал үнүн чыгарбай диванда ыйлап жатыптыр:

- Гүлү, эмне болду кызым? - Кызына үйрүлө калды Айжан.

- Апа кетеличи, Эля мени ура берет экен.

- Эмнеге урду сени?

- Силер биздин үйгө эмне келдиңер дебедиби, - Гүлмажал соолуктап жатты.

- Ал айта берет кызым, кой ыйлаба, - Айжан кызын сооротуп анан Элмиранын бөлмөсүнө кирди, - Эля, Гүлүнү эмнеге урдуң кызым, антпей жүр да, экөөңөр эже-сиңди болуп жүргүлө.

- Жо-ок, мен силерди жек көрөм, кеткиле биерден, атам мени силер бар карабай жатат, силер менден атамды тартып алдыңар! - деп бакырып ыйлаганда Айжан ага жакын келди:

- Ыйлаба кызым, атаңды сенден эч ким тартып албайт.

- Кызым дебейле кой, мен сага кыз болбойм! - Диванга көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жатты, Айжан аны сооротмок болуп жакындады эле бакырып ийди:

- Жолобо жаныма, көргүм келбейт сени, жоголгулачы кызың экөөңөр! - Ошол учурда Акылбек кирип келип:

- Эмне болду? - деди.

- Ыйлап эле кет жогол деп жатат, сооротмок болгом...

- Мейли бара бер, - Акылбек кызынын жанына отурду, - Кызым, ыйлабачы садага, мына мен келдим.

- Кетир жанагыларды ата, болбосо мен таекемдикине кетем! - деди беш-алтыдагы кыз чоң кишидей атасына, - Сен ал аял менен жашасаң мен кетем!

- Кызым, сен али жашсың го, сен экөөбүздү караганга бирөө керек, кир жууп тамак бышырыш керек кызым, Гүлү менен бир туугандай болуп жүр уктуңбу?

- Үйрөтүп койсоң мен өзүм кылам баарын.

- Кой кызым, жакшы кыз бол, Айжан жакшы аял, аны апа, - деп жүр, мени жакшы көрсөң аларга мындан кийин мындай кылбай жүр, эгерде сен минте берсең мен өлүп калам.

- Ата-а! - Элмира тура калып атасын кучактап калды, - Сен өлбөчү ата, апам да, чоң энем дагы өлүп калды, сен өлбө атаке! - Солкулдап ыйлап жатты, Акылбек кызын кучактап туруп кошо ыйлап жатты, сыртта каалганын артында турган Айжан да ыйлап турду: "Ооба, ошол өлүмдүн айынан... Мен дагы кызым экөөбүз ошол каргыш алган өлүмдүн айынан ушинтип отурабыз, болбосо менин Сукеним кандай гана жан эле, аны жоготкон күнүмдөн бери жалгыз кызымды эрмек, кубат кылып жашап жүрөм!, - деп ойлоп ашкананы көздөй басып кетти, Гүлмажал жаткан жеринде уктап калган.

- Айжан, капа болбодуңбу? - деп Акылбек чыгып келди бөлмөдөн.

- Жо-ок, эмнеге капа болом, бала неменин жан дүйнөсү башка да.

- Билбейм, деги Эля башкача кыз болду, мен мындайымды эчтеке билчү эмес элем, - Акылбек оор күрсүндү.

- Азыр заман өзгөрүлдү, жаш балдар бизге караганда сезимтал.

- Мейли, көнүп кетет, сен дагы Гүлү экөөнү ынтымакташтырганга аракет кыл, экөө тең жаш бала, баарына көнүп кетишет алтыным.

- Аракет кылып жатам, мээнетим акталаар...

- Ошент жаным, бирдекең барбы?

- Тамак даяр.

- Алып кел анда, ии-ий баса Айжан төркү залда менин курум илинип турат, мага алып келип берчи.

- Макул, - Айжан залга киргиси келчү эмес, негедир ал бөлмөдө Акылбектин аялынын сүрөтү илинип, күзгүнүн жанында ал колдонгон косметикалары, кармаган буюмдары сакталуу турганын көргөн, ошондуктан киргиси келбейт, кирсе эле өзүн тикирээ карап турган жаш келиндин сүрөтүн көрүп жүрөгү болк этип кетчү. Акырын кирип барып босогодо саамга туруп калды, төрдөгү илинген сүрөткө карабоого тырышты, анан аста басып илинип турган курду алып кайра чыгып бара жатып бирөө аны кармап калчудай шашып чыгып каалганы жаап көзүн жума жөлөнүп туруп калды.

- Айжан, сага эмне болду? - деп Акылбек чыга калды, ал Айжандын дайны чыкпай калганда өзү чыккан эле.

- Эчтеке, - деп Айжан ага курду сунду.

- Өңүң бозоруп кетиптир го? - Акылбек ага жакын келип чекесине колун тийгизди, - Тердеп да кетипсиң, ооруп калган жоксуңбу?

- Жок-жок, мен сопсоо элемин.

- Жүрү, жай отуруп тамактаналы, - Колунан кармап тамак иччү бөлмөнү көздөй басты, - Сенин колдоруң калтырап турат, бир нерседен корктуңбу?

- Жо-ок ай, - Айжан күлгөн болду, - Корккудай бала белем?

Акылбек Айжанды үстөлгө отургузуп дары берип тамакты экөө отуруп ичишти да көпкө сүйлөшүп отурушту, эртеси Айжан уктап калган экен көзүн ачса жанында Акылбек жок: "Туруп кетип калган го, каап уктап калып чай-пай бере албай калган турбайынбы", - деп туруп кийинип эки жакты караса огород жакта Акылбек бирдемелерди өрттөп жатыптыр.

- Сен качан турдуң? - Айжан анын жанына келди.

- Качан эле турганмын, сен катуу уктап жатыпсың, ойготкум келбеди.

- Эмне кылып жатасың?

- Керексиз буюмдарды өрттөп жатам.

- Кандай керексиз буюм Акылбек.

- Кээде үйдө кереги жок буюмдар турса жашоого тоскоолдук кыла берет, - деп Акылбек аны карап күлүп койду, - Андай нерседен эртелеп кутулуу керек жаным, анткени ар бир адамга өмүр кымбат, жашагысы келет.

- Табышмактуу сүйлөйсүң.

- Жашоонун өзү табышмак Айжан, сен чай кой, мен жуунуп кирейин.

- Макул, - Айжан үйгө кирип бара жатып залдын каалгасы ачык турганын көрүп жүрөгү дүкүлдөй туруп калды да акырын дабыш билгизбей басып барды, акырын бөлмө ичине көз жүгүртсү төрдөгү сүрөт дагы жок, өзү көргөндүн баары жок: "Демек баарын жок кылган экен да, менин чоочулап жүргөнүмдү сезсе керек", - деп дароо артына бурулуп ашканага кирди, өзүнчө толкунданып жатты.

Ошол учурда Элмира туруп сыртка чыкты, андан кийин Гүлмажал турду, чайга отурганда Гүлмажал бош орунга отурмак болгондо:

- Барчы ары, менден алыс отур! - деп жиберди Элмира, Гүлмажал апасын бир, Акылбек менен Элмираны бир карап бозоруп туруп калды:

- Эля, андай кылба кызым, Гүлү дагы менин кызым, экөөңөр бир туугансы-ар да, - деп Акылбек Элмираны кабак чытый канады.

- Ата, - Элмира ыйлап ийди.

- Ыйлаба кызым, Гүлү бул жакка отурат, - деди Айжан.

- Жок Айжан, азыр Гүлү Элянын жанына отурат! - деп Акылбек өзү Гүлмажалды колунан алып анын жанына отургузду, - Кана Эля, кана кызым Гүлү менен достош, бир туугандай ойноп жакшы мамиледе болгула, - деди эле Элмира туруп Гүлмажалга колун сунду:

- Дос болдук.

- Дос болдук, - Гүлмажал аны кайталады.

- Мына эми, экөөңөр тең жакшы кыз болдуңар.

- Ата, сени капа кылгым келбейт, - деди Элмира бир кезде.

- Мен сага капа болбойм кызым, бирок сен улууну сыйлаган жакшы кыз болгун.

- Ооба, жакшы кыз болом.

- Азамат, кана Гүлү сен дагы жакшы кыз болосуңбу?

- Ооба-а, - деди Гүлмажал башын ийкей.

- Алтындарым десе, - Айжан кубана карап күлүмсүрөдү, Элмира тултуйган бойдон унчукпады, Гүлмажал бейкүнөө наристенин жылмаюусу жүзүндө жаркый мултуң этип күлүп Элмираны карады, анын оюнда эч кандай жек көрүү, жаман ой жок эле:

- Эля, биз куурчактарыбыз менен ойнойбуз ээ?

- Сен ойной бер, мен ойнобойм, - деп туруп кетти эле Гүлмажал унчукпай калды.

- Мейли кызым, ал бир аз өзүн даярдап алсын, - деп Акылбек Гүлмажалды башынан сылап эркелетип койду, - Мен эми жумушка кетейин Айжан.

- Бара бер, бул эки ханышаны мен өзүм эпке келтирем, - деп Айжан күлүмсүрөп калды башын ийкеди, Акылбек өзү дагы жашоодон кыйналып кеткен эле, ал кетип жатып: "Айжан момун аял, оюнда арамдык жок, баладай мүнөзү, мээримдүү аял, Гүлү дал апасын тарткан, Эля апасын тартыптыр, ал дагы өтө өзүмчүл эле, өз билгенин кое берчү эмес, болгону бир гана жыл жашадык, бирок абдан кара өзгөйлөнүп кыйнады го, эми өлгөндөн соң дагы тынчымды алып жүрөт, кандай кылсам экен, деги Айжанга зыяны тийбесе болду", - деп ойлонуп бара жатты. Анткени аялы Сабина эми деле түшүндөгүдөй эле жанына келип жатып алып: "Сени аябай сагындым", - деп уйку соонун ортосунда көрүнүп кайра жок болуп кетчү болду. Айрыкча залга киргенде ага жароо мойнуна асылгандай болуп кире алчу эмес, кечээ Айжанды өзү киргиси келбей жумшаган эле. Анын өңү бозоруп жаман абалда турганын көрүп тобокелге барып болгон буюмдарынын баарын өрттөгөнү ошол эле. Айжан ал кеткенден кийин үйдү жыйнап убараланып жүргөндө Гүлмажалдын чыр эткен үнү чыгып жүгүрүп кирсе чекесинен кан агып калыптыр.

- Эмне болду, жыгылдыңбы, - деп көтөрүп ала койду.

- Апа, Эля мени түртүп ийди.

- Эля кызым, эмнеге түрттүң? - деп Айжан кызынын канаган жерине иод сыйпап жатып сурады.

- Менин жаныма жолобосунчу! - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти.

-Апа, мен анын жанына жолобойм ээ, ал жаман кыз экен, - деп Гүлмажал ыйлап жатып айтты эле Айжан.

- Кой кызым, андай дебе садага, ал деле жакшы кыз, бир аз тентек.

- Ыкы, ал эң жаман кыз, ойногонду билбейт.

- Болду кызым, сен менин жанымдан чыкпа макулбу, жүрү жумушумду жасайын, - деп Гүлмажалды ээрчитип эшикке чыгып кетти. Элмира ошондон баштап жалгыз калат, Гүлмажал ага такыр жолобой апасынын жанынан чыкпай калды. Акылбек кийинки кездери өзүнөн-өзү жүдөп же оору эмес же соо эмес жаман болуп бара жатты.

- Акылбек, сенин өңүң жаман ооруп жүрөсүңбү? - деп сурады бир күнү Айжан.

- Жок, ооруган деле жокмун, бирок өзүмдү жаман сезип жүрөм.

- Көрүнсөңчү врачка.

- Балким ысыктандыр, дагы кое турайын, иштер көп.

- Иш көп деп жүрүп өзүңдү карабай ооруп калба Акылбек.

- Чочулаба, кудай сактасын.

- Ата, - деп Элмира кирип келди, - Мен апамды көрдүм!

- Эмне?! - Акылбек ыргып турду, өңү боппоз бол түштү, - Кайсы апаңды?

- Зуурабү апамды.

- Кой кызым, антпей жүр, - Акылбек Айжанга бурулду, - Зуурабү менин апам, Элянын чоң энеси, - Жылмайгандай болгонсуганы менен жүзүндө коркунуч турган эле, - Түш көрдүңбү кызым?

- Билбейм, апам менин чачымдан сылап тентекти кылба, атаңа айткын айылдагы үйгө кеткиле деди го?

- Ыя? - Акылбек ойлуу кызын карап тура берди.

- Акылбек, сен коркуп калгансың го? - деп Айжан айтканда Акылбек аны жалт карады.

- Кантип билдиң?

- Сенин жүзүңдөн билдим, молдого барып көрсөңчү.

- Макул, - деп Акылбек ылдый карады.

- Дем салдырып көр.

- Макул-макул.

- Гүлү, - деди ошол кезде Элмира, - Жүрү ойнойбуз, мен эми тентектик кылбайм да.

- Чынбы, эми мени урбайсыңбы?

- Жок, эч урбайм.

- Эля, сен Гүлүнү уруп жүрөсүңбү? - деп сурады Акылбек.

- Эчтеке эмес, бала эмеспи, бир аз урушкан, - Айжан жайкай калды.

- Болбойт аның кызым, сени жакшы кыз болот экен десе...

- Мейли, эми Эля тентектик кылбайм дебедиби, секин ойногула ээ?

- Ооба, биз акыры-ын урушпай ойнойбуз, - деп такылдаган Элмира Гүлмажалды колунан ала жетелеп эшикке чыгып кетти.

- Бала эмеспи, бара-бара көнөт да, - дегени менен Айжан ичинен кыжаалат болуп жатты, дагы уруп коебу, түртүп иеби деген күдүк ой бар эле. Акылбек жүрүп-жүрүп эле ооруп төшөккө жатып калды, ооруканага бар десе болбойт, бир күнү Айжандын агасы Карабек келип калды, ал молдо болуп жүргөн, жашы кырктардан ашкан, өзү Самарканддан окуп келген молдо. Ал Акылбекти көрүп дем салды да:

- Сенде дуба бар, - деди.

- Кандайча?

- Көзүңө аял көрүнөбү?

- Кандай аял?

- Уйку суроонун ортосунда, же түшүңдө..

- Өлгөн аялым эле көрүнө берет.

- Анда ал сага дуба жасаткан, бирок аны көзү ачыкка көрүнбөсөң билбейт.

- Жакшы билген көзү ачыкты кайдан табабыз?

- Сен мынча болду мазарга барышың керек, ошол жерде эшени да калпасы, бакшысы дагы болот, ошолор айтып берет, минтип жата берсең өлүп каласың, - деди Карабек.

Акылбек ойлонуп коркуп калды, Айжан агасынан уккандарын унутпай Акылбекти мазарга алып барды. Эл көп, мал союп сыйынганы келгендер көп экен, бир кезде ич жакта отуруп ак уруп жаткан аял:

- Ай-ай, бирөө келди кирсин, өтүшүп бара жатыптыр, - деп жанындагысына ишаарат кылды эле, ал сыртка чыгып кетти, отургандар: "Ким экенин кантип табат, ким болду экен", - дешип ар кимиси ар кайсыны ойлонуп калганда Акылбек менен Айжан кирди. Бей тааныштар жапырт карап калышты, - Балам ай, өзү өлсө дагы сени тузактап кеткен тура, - деди Акылбекти колу менен көрсөтүп, - Бери жакын отур, тигини-тигини дагы артында жүргөнүн дегенде Акылбек артына селт этип карап алды.

- Өйдө жыл балам, азыр биерде ал алсыз, - деди бири, - Аз болгондо болбой калмак экенсиң.

- Билбедим аба...

- Билгизбей жасайт да, - деги дагы бири, көпкө чейин окуган токтогондо кеч кирип калган, башкалар сыртка чыгып кеткенде:

- Сени мурунку аялың сүйүп калып башыңды имериптир балам, дуба күчтүү молдонун колунан окулган экен, эми сени жети күн окуп дубанын жолун табуу керек, антпесе сен түпөйүл болуп өлүп калышың абзел, бир көйнөгүңдүн жакасын дубаланган жип менен тигиптир, ошол көйнөгүңдү таап өрттөгөндө өзүңө келесиң, болбосо сен оору эмес соо эмес ушинтип жүрүп жетээр жерине жеткирет...

- Үйгө барасызбы эне? - деди Айжан ага үмүттүү карап.

- Барам кызым, ишаарат көрбөсөм бир жөн, баарын көрүп туруп кантип барбай коем, мындай дубаны жасагандар күнөөгө батат, жандырган сооп.

- Кудай жалгасын эне, тезирээк эле үйгө бара көрүңүз.

- Бир кызың барбы? - деди Акылбекке карап.

- Ооба.

- Ошол кызыңды эмитен эле башкарып алыптыр, дем салдырып жакшылап карат, болбосо оорукчан болуп калат, дубанын таасири укумдан-тукумга чейин кетет, кара дубанын зыяны көп, - деди Бүбү кемпир. Ошол күнү түнү бою дем алды, эртеси түш оой Акылбек унаасына аны салып алып үйүнө келип инисин чакыртып ийди, ал эжеси экөө келишип союшун союп Бүбүнү түнөтүштү, бул күнү Айжан таптакыр көйнөгүн издеп таппады.

- Айжан, времянкада бир коробкада эски кийимдер бар, ошондон карачы, - деди Акылбек, ырас эле көгүш көйнөктүн жакасынын артынан крест кылып сайылган кара жипти көрүп Айжандын жүрөгү шуу дей түштү, дароо алып келип Бүбүгө берди эле ал аны көпкө карады:

- Жети жылдык кылыптыр балам, эгерде жети жылга чейин ал өлбөгөндө муну өзү чечип өрттөмөк, ошол дубанын күчүнөн сенин абалың начарлап кеткен, дагы эки жыл кыйналмаксың, - деди да түйүнүн чечип баягы крест кылып сайган жипти алып караса жети түйүнү бар экен, - Муну сыртка алып барып өрттөйүн, - деп туруп барып өзү өрттөп коюп кайра кирди, - Үйүңөрдөн шум билинчү эмес беле?

- Жо-ок, - деди Акылбек жашыра.

- Эне залды бир кирип көрсөңүз, - деди Айжан.

- Көрөйүн, - деди да Акылбекти карады, - Жүрү балам.

- Ушул тамда бир нерсе боло берет, - деп Айжан корккондой карады.

- Эчтеке эмес, эми биротоло кетти, аны жип байлап турган.

- Ошондой эле болсун, - Айжан эс ала түштү, үйлөрүн тазалатып, шам жагып эки күн туруп үчүнчү күнү кетти Бүбү. Ошентип Акылбек өзүн жеңил сезип оңоло түштү, ал эми гана Сабина менен таанышкан кезди эстеди...

Студент кезинде бир курсташынын туулган күнүндө таанышкан, ошондон кийин ал тынбай эле жатаканага келип, окуу жайга келип жолугуп жүрдү. Өзүнүн кызы айылга кетип ошол жактан күйөөгө чыгып кетип өзү жаман абалда жүргөн эле.

- Акылбек, бүгүн театрда спектакл бар экен, барып келбейлиби, - деди бир жолу келгенде.

- Жок, менин убактым жок, силер бара бергиле.

- Бүгүн бир убактыңды бизге бөлүп кой Акылбек, кыздардын шагын сындырган болбойт, - деп Сабина жылмая көзүн кысты.

- Балдарга өзүңөр келип киного чакыргандан уялбай анан анын жок деген сөзүнө шагыңар сынабы? - деди Акылбек сүйүңкүрөбөй.

- Кызык, эмнеге мынчалык ачууланасың, сүйгөн кызың таштап кетти беле? - деп ого бетер кычаштана тийишип туруп алды Сабина.

- Ишиңер болбосун, мен эч жакка барбайм, - деп Акылбек жатаканага кирип кетти эле Сабина артынан келди:

- Ох-хо, жалгыз турасыңбы?

- Балдар азыр келет.

- Жакшы экен анда, кир, - деп айтаарсың.

- Сабина, жаман сөз укпай кетип калчы.

- Кыз тийишкенге кубанбай жиниң келгени кандай? - Жылдыздуу жүзүнө ууртундагы уячасы жарашып жылмая карады.

- Сабина, сен бузулган кызсыңбы? - Кашын кере карап калды Акылбек.

- Эмне-е, мендей эрке кызды ушинтип айтканга кантип оозуң барды? - Сабина ыйлап кирди, Акылбек бир жумадан бери жалгыз болчу, кышкы каникулда айылга барып апасын убара кылып жол кире сураганча деп кала берген.

- Эрке болсоң ата-энеңе эркеле, сен кимсиң мага? - Акылбек ого бетер ачууланды, түртүп чыгарайын, - деп ойлоп кайра коркту: "Мындай долулар мени урду же зордоду, - деп балээге калтырбасын", - деген ойдо кабагын чытып отуруп алды:

- Акылбек, мен сени сүйөм, эмнеге сен мени карабайсың? - деди көптөн кийин Сабина, - далай жигит артымдан жүгүрүп жүргөн кызмын, сен ойлогондой эмесмин, жети эркектин ичинде эрке өскөн кыз элем.

- Сабина, мен жетим баламын, жалгыз апам бар, сен ойлогондой мен сага жакшы жашоо бере албайм, - деди Акылбек анын үмүтүн үзмөккө.

- Мейли, менин ата-энемде баары бар, болгону сен мендик болсоң болду.

- Жок, мен окуумду бүтмөйүн кыз сүйө албайм.

- Эмнеге?

- Ал үчүн жүрөгүң сүйүш керек туурабы, көзүң менен эмес.

- Мен сени жүрөгүм менен сүйөм Акылбек.

- Ашыкча сөздүн эмне кереги бар, эртелеп үйүңө кет Сабина.

- Азыр кете албай калдым, автобус токтоду.

- Анан эмне кыласың?

- Сени менен калам.

- Жинди болбо Сабина, анда мен кеттим, сен бул жерде кал, - Акылбек жиндене кыска кара пальтосун кийип, шарфын ороно тумагын кийип сыртты көздөй жөнөгөндө Сабина кармап калды:

- Сен дагы эч жакка кетпе, мен сага сойку эместигимди көрсөтөм.

- Эмне, жиндисиңби сен? - Акылбек чоочуп кетти.

- Ооба, мен сага далилдегеним үчүн өкүнбөйм.

- Башты оорутпа, кое бер мени, же сен кет.

- Кетпейм! - Ошол убакта коңшу бөлмөдөгү балдардын бири эшикти кагып кирип келди:

- Аа-а Акылбек, сен бош эмес белең?

- Бош элемин, эмне жумуш?

- Бир иш бар эле...

- Азыр, бул чоң кыз кетип жатат, анан сага өзүм барам.

- Болуптур, сөзсүз бар, - деп чыгып кетти.

- Сабина, мени жатаканадагыларга уят кылгың келбесе бар, дагы жолугабыз.

- Макул, мен азыр кетем, бирок кийинки келгенде менден кутула албайсың, - деп Сабина ызалана чыгып кетти, Акылбек андан кутулганына кубанып калды, ошентип тажатып жүрүп Акылбек ага көнө түшкөндөй болду. Экөө сүйлөшүп көпкө отурат, Сабина күндө тамак-аш көтөрүп келет, акча таштап кетет, балдар келээрине эки күн калганда Сабина күндүзү келип алып анын кирлерин жууп үтүктөп жаткан, ошол күнү экөө бирге болду, негедир өзү дагы ага тартылып бара жаттканын сезбеди, жаз келгенде анын боюна болуп калып айылга алып кетти: "Көрсө ошондо эле мага жасаткан экен да, мен аны кайдан билдим, сүйүп калдым деп жүрбөйүнбү", - деп ойлонуп алды Акылбек. Анда акыркы курс болчу өзү, үйлөнүп алып айылга келип мал доктур болуп иштей баштаган эле, ал ойлонуп калганда Айжан:

- Акылбек, Эляны качан көрсөтөлү? - деп калды.

- Тезирээк көрсөтүп дем салдыруу керек.

- Ошентпесек болбойт.

- Эртең мен мечитке ээрчитип барып келейин.

- Макул.

- Азыр жаш, дубаны болсо жандырдык, бир-эки дем салдырып койсок болот, - деп Айжан оюндагыны айтып калды.

- Баса кете электе өзүнө көрсөтсөк болмок экен.

- Ошону мен дагы унутуптурмун, азыр эсиме келди, - Экөө сүйлөшүп жатып калышты, Элмира туруп-туруп ачуулуу, эчтеке жактырбай, жанына эч кимди жолотпой калат, бир туруп жадыраңдап ойноп кетет, кийинки күндөрү өзгөрүлүп ошентип калды. Айжан аны мечитке ээрчитмек болду эле болбой койду, Акылбек өзү Бүбү кемпирдин айткан дарегине барып алып келип дем салдырып чыныга суу окуп бергенден кийин гана жакшы болуп калды. Акылбек магия дегенди укканы менен ишенчү эмес, өзүнчө жакасын карманып тобо келтирип калды. Үй-бүлөө мамыры жумуру болуп ыр-чыры жок жашап калышты, кийинки жылы Айжан уул төрөп алды, кичине бирдеме болсо эле Бүбү апаны чакырып балдарын эмдетип калышат. Жылдар билинбей өтүп Гүлжамал менен Элмира эгиз козудай өсүп жетилишти, Элмира компьютердик курсту бүтүп иштеп жатат, Гүлжамал актриса болууну самап ар кандай кастингдерге катыша коюп жүрүп эпизоддорго тартыла баштаган. Айжандын агасынын балдызы ага каттап турчу, бир жолу ал бойго жеткен баласын жибериптир. Элмира менен Гүлжамал үйдө болчу.

- Айжан эже барбы? - деди ал Элмира чыга калганда.

- Жо-ок, мамам бир жакка кетти эле, - Элмира кийин Айжанды мама, - деп калган эле.

- Келсе айтып коесузбу, Жапарбектердикине барсын.

- Макул.

- Жакшы калыңыз, - деп Руслан артын бир карап коюп короодон чыгып кетти.

- Ким экен? - деп Гүлжамал ичтен үн катты.

- Крас-савчик жигит, - деп Элмира күлүп үйгө кирип кетти.

- Чын эле ким экен?

- Жанагы Атыр деген эженин баласы окшойт, мамама келиптир.

- Аа-а, - деп коюп өз ишине киришти Гүлжамал, бир аздан кийин Айжан келип калды.

- Мама, сизди Жапаркулдукуна чакырып кетти, - деди Элмира.

- Эмнеге чакырыптыр?

- Билбейм, айткан жок.

- Болуптур, Эрнис кайда жүрөт ыя?

- Жүргөндүр да.

- Мейли, мен барып келейин, - Айжан кайра үйдөн чыкты, ал Элмирага эч өгөйлүк кылбады, өз кызы катары багып өстүрдү, жумшаса дагы Гүлжамалды жумшап, тилдесе дагы аны тилдеп ага үн катчу эмес. бирок экөө катар отурганда акыл айтып ар дайым тазалыкты үйрөтөөр эле, катуу айтпай акырын айтып түшүндүрөт. Элмира аны угуп сыйлап айттырбай жасап Гүлжамал үйдө жокто өзү эле кыла берет, ал жокто Гүлжамал ошентет, кыскасы Айжандын колун ишке тийгизишпейт, ынтымактуу да болуп өсүштү. Такыр билбегендер аларды бир тууган, - деп ойлошу мүмкүн эле, Акылбектин көңүлү тынып калган, заманга жараша ал чоң базардан контейнер алып соода кылат. Руслан кийинки кездери алардын үйүн айланчыктап калды, анткени ал мурун Гүлжамалды көрүп жактырып калган эле. Дем алыш күн болчу, Элмира коңшусунун кызы Назгүл менен сүйлөшүп турса өтүп бара жаткан болуп кайрылып учурашып калды.

- Салам чоң кыз, сени бая күнү Акылбек акенин үйүнөн көрдүмбү?

- Ооба, мен кызы болом.

- Аа-а, дагы бир кыз бар го?

- Экөөбүзбүз, - Элмира күлүп калды.

- Жакшы экен, мен сени коңшусу го, - деп ойлогонмун.

- Мама дегенден неге ойлободуңуз?

- Ошону байкабай эле, сулуу кыздарды көргөндө сүрдөп баарын унутат экенсиң да, - Руслан каткырып койду.

- Коюңузчу, мындан сулууну көргөндө кантесиз? - Элмира сынай карады.

- Экөөңөр тең сулуу экенсиңер, эжеңби же сиңдиңби?

- Теңбиз.

- Аа-а эгизсиңерби?

- Ошондой.

- Эжең болсо керек ал ээ?

- Иши кылса менден бир жаш улуу.

- Ал кайда азыр?

- Жүрсө керек, жумушунда эмеспи.

- Кел таанышып алалы, менин атым Руслан.

- Элмира.

- Таанышканыма кубанычтамын.

- Мен дагы, - Жылмая карап күлүп койду.

- Жолугуп турсак болот чыгаар Элмира.

- Эмне себеп менен?

- Мисалы жакынбыз, атамдар катышып турушат, мен айылда өскөнмүн, ошондуктан анча билбейм.

- Эчтеке эмес жетишесиз, - деп Элмира күлө карады, ошол убакта Гүлжамал чыга калды:

- Эля, сени телефонго чакырып жатат.

- Ким экен?

- Сураган жокмун, бол эрте.

- Бара жатам, - Элмира үйдү көздөй жөнөдү, Руслан Гүлжамалды көздөй басты.

- Салам Гүлжамал.

- Салам, кайдан жүрөсүз?

- Сен таанышсыңбы? - деп Элмира ага шыбырай карады.

- Ооба, аны эмне кыласың, кир телефонго жооп бер.

- Жарайт, - Элмира кирип кетти.

- Кандайсың Гүлжамал, такыр көрүнбөйсүң го?

- Көчөгө боюмду салышым керекпи?

- Мени туура эмес түшүнүп калдың Гүлжамал.

- Эчтеке эмес, менин иштерим бар, - деп Гүлжамал кирип кетти, Руслан аны узата карап кала берди: "Шашпа, сен меники гана болосуң, теңсинбегениңди көрөм", - деп ойлонуп өзүнчө кымыңдай басып кетти, Гүлжамал кирип келе жатканда Элмира чыгып келе жаткан, - Сүйлөштүңбү?

- Ооба, зарыл иш эмес.

- Өзүң бил, - деп кирип кетти, Элмира эшикке чыгып Русланды таппай кайра кирди:

- Руслан менен качантан бери таанышсың?

- Көп болду, эмнеге сурадың?

- Деги да.

- Сен жокто үйгө келип калып таанышып калганмын, иттей мактанчаак, көтөрүлүп сүйлөгөн неме, кыскасы анча эмес.

- Кандай болсо болсун, деги сурадым да.

- Эмне деди?

- Эжеңби же сиңдиңби? - деп сурады.

- Эмне иши бар экен, жөн жүрсүнчү. - деп коюп унчукпай ойлонуп калды, ал деле ичинен жактырып калган, бирок аны мойнуна алгысы келбейт, анын өзүнөн сүйөм дегенди уккусу келет, ошондуктан Элмирага жамандап койгон. Элмира аны бир көрүп эле жактырып калган, ичинен Гүлжамалдан кызганып жатты ал: "Балким Гүлжамал дагы сүйсөчү, анда мен кантем, менин дагы сүйүүгө акым бар го, эжем деп ага көз жума албайм", - деген ойго токтоду. Айжан көптө келди, Акылбек келип калган:

- Кайда бардың? - деди ал дароо эле.

- Айылчыласам болбойбу, кыздарым чоңойду атасы?

- Мейли-мейли байбиче, ичкенсиңби?

- Бир аз, келин алганы жатышыптыр, - деп Айжан күлүп отуруп калды.

- Руслан үйлөнөт бекен?

- Ооба, - деп Айжан эки жагын карап минтти, - Ай Акылбек алар куда түшсөкпү, - деп жатат, - Шыбырай сүйлөдү.

- Кимге?

- Гүлүгө.

- Ал эмне, - дейт болду экен?

- Жакшы кишилер, бир жагы кудалданбыз, өтмө катар болот элек дейт.

- Ал го туура, балдар кандай жешет, Руслан Гүлүнү тааныйбы?

- Тааныйт, кээ-кээде келип кетип турат.

- Ошентсе деле сүйлөшүшпөсө болбойт да, - деп Акылбек айтканда Элмира босогодо келе жатып токтоп калды.

- Акыл, Гүлү жыйырма экиге чыгып калды, чыккан жерге бербесек жүрө бербейби, буйруса бир баштан кыздарды күйөөгө берсек, анан Эрнисти үйлөнтсөк көөнүбүз тынып калат.

- Эляны азыр күйөөгө бербейбиз Айжан, андан көрө эки кызды окутпайлыбы, бутка дагы туруп калдык, каалаганына окушсун.

- Эля дагы окугусу келсе окусун Акылбек, Гүлү болсо актриса болом дейт, ал мага жакпайт, андан көрө эртерээк орун-очок алганы жакшы, артист болуп кайдан жыргасын, келечегинен корком.

- Сурап көрөлү, мен бүгүн кытайга окууга бара турган окууга сүйлөшүп келдим, - деди Акылбек ойлуу.

- Ошончо алыспы, кой Акылбек кыздарды анчалык алыс жөнөтпө, жакын жерде эле окушсунчу, - Айжан кабатырлана карады.

- Эчтеке эмес, көнүп кетишет, эл-жер көрүп билим алышат.

- Айтып көрчү эки кызга, эмне дешээр экен?

- Айтып эмес жөнөтүш керек.

- Болуптур эми атасы, - Айжан менин кызым барбайт, - деп айта албады, экөөнү бөлүп айтып Акылбектин көңүлүнө кир калтыргысы келбеди, экөө тең эки кызга бирдей карашат, сеники-меники жок, ошондуктан ашыкча айта албады. Элмира бул жаңылыктарды угуп Гүлжамалдын бөлмөсүнө баш бакты.

- Уруксаатпы эжекеси?

- Кир.

- Менде эки жаңылык бар.

- Кандай, эртең айтсаң болбойт беле?

- Жо-ок, жата ала турган эмесмин.

- Угуп жатам, эртерээк айт, уйкум келди.

- Мм.. кайсынысынан баштасам, - деп Элмира анын бөлмөсүн тегерете көз жүгүртө карап сөөмөйүн үстүңкү эрдине така алып ойлонуп калды, - Адегенде сага жагымдуусунан баштайынбы?

- Магабы? - Төшөгүн түртө туруп отурду.

- Ооба, албетте сага, Элмира мугалимден бетер ары-бери басты.

- Айтсаң айтпайсыңбы Эля.

- Шашпа-шашпа, мен жезделүү болоорума сүйүнүп баштай албай жатам.

- Эмне?!

- Чоочулаба эжекеси, - Элмира маалката ага жакын келип эки ийинине колун коюп бетинен чоп эттире өөп койду, - Менин сулуу, акылдуу эжекеме бирөөлөр куда түшүп келишет экен.

- Ким, эмне деп жатасың, айтчы батыраак Эля.

- Кое тур, эми экинчи жаңылык...

- Бирин бүтүрбөйсүңбү.

- Ушунчалык уккуң келип жатабы? - Күлө карап саамга туруп калды, ызалуу жүзү бир башкача кубарып кетти, ушул ирээт ал Гүлжамалды бала кезиндегидей жек көрүп кетти, - Русландын ата-энеси сени келин кылгысы келет экен, - деди анан, Гүлжамал кандай акыбалда калат, чоочуп кетеби, таңгалабы, - деген ойдо болду, бирок ал анткен жок, тамагына бирдеме тыгыла калгансып какап барып:

- Муну ким айтты? - деди.

- Мамам.

- Ал кайдан билиптир, дагы сөз тыңшаган адатың кармаган экен да.

- Ооба, ал менин "родной хоббим", - деп мыскылдай күлүп кайра, - Тамаша ээ, ойго келбегендей окуя, - деди.

- Таңгалган жокмун.

- Эмнеге, билген белең?

- Жо-ок, негизи көз карашынан...

- Чын эле анын көз карашынан сездиң беле? - Элмира ага таңгала туруп калды.

- Эля, экинчи жаңылыгыңды айт да укта барып.

- Кубалаганыңбы?

- Жо-ок, уйкум келип жатат.

- Менин экинчи жаңылыгым сени кызыктырбаса керек, - деп ойлойм.

- Эмнеге?

- Анткени сен окугуң келбейт билем.

- Болуптур анда айтпай эле кой.

- Атам Кытайга барып окуганга сүйлөшүптүр.

- Эмне, кимди?

- Экөөбүздү.

- Жок-жок сиңдим, чын эле мага бул жаңылык жакпады.

- Ойлогом, жакпасын билгенмин.

- Сен окуй бер садагасы.

- Жарайт анда, жакшы жат, - Элмира колун көтөрүп коюп чыгып кетти: "Ооба, менин атамдын айтканы силерге жакмак беле, күйөөгө тийгиң келип жатса тие бар, бирок Русланга эмес, мен аны сага бербейм, ал меники гана болууга тийиш", - деп ойлонуп өз бөлмөсүнө кирип жатып алып Русландын келбеттүү боюн, жүзүн көз алдына келтирип алып ызаланып жатты. Чынында экөө бири-бирине билгизбегени менен тирешүү бар эле, биринен-бири сулуу да, келбеттүү да болууга тырышып кийимди атаандашып кийе турган. Ошондон көп өтпөй эле Гүлжамал жокто Русландын келээрин ойлоп Элмира терезесинен карап туруп көрүнөөрү менен чыга калды, эшик суук эле, Гүлжамал үйдө жок болчу.

- Салам, - деп чыга жаркылдай күлүп тосуп алды Элмира.

- Салам, кандайсың Эля?

- Жакшы, өзүңөр кандай?

- Ойдогудай Эля, Гүлү барбы үйдө?

- Ал жок эле.

- Кайда кетти эле?

- Албы, ал күндө кетет, бизге да айтпайт.

- Кечиндеби?

- Ооба, дал ушул убакта.

- Ал клипке, роликтерге тартылганга сунуш алдым дебеди беле?

- Айтса көрүп каларбыз, бирок тескерисинче болуп калышы мүмкүн.

- Кызык, - Руслан саатын карап койду.

- Болжошкон убактыңар бар беле?

- Жж-жо-ок, жөн эле...

- Сүйүп калгансыз го?

- Эми-и сүйсө болбойбу?

- Албетте болот, бирок сокурдун сүйүүсү болбосун да, - Мыскылдай күлүп койду.

- Муну менен эмнени айткың келет Эля?

- Аа-а деги айтам да, - Элмира кызаңдай күлүп, Угушумча күйөө бала болот окшойсуз? - деди.

- Эля, чындыкты жашырганда эмне?

- Кубаттайм.

- Рахмат.

- Чыныгы сүйүүнү көрбөгөндү сокур сүйүү дешчү эле.

- Түшүнбөдүм.

- Жөн айтып койдум, күн сук болуп турат, үшүгөн жоксуңбу?

- Аа-а, макул анда сен кире бер, мен Гүлү келгенде келем, - Руслан бурулуп кетмек болду.

- Түн жарымында келесизби?

- Ал ошондо келеби? - Таңгала карады.

- Негизи ошондой.

- Болуптур, - Руслан тез-тез басып кетти, Элмира кытмыр жылмайып үйгө кирди: "Көрөм эми, кандай эркек түн катып жүргөн кызды жактыраарын, эжекеси шашпай тур, Русланга кандай кыз жагаарын", - деп киргенде Айжан:

- Кызым, бүгүн жумушка барбадың, эртең барасыңбы? - деди.

- Мама, мен окууга даярданам, аз калбадыбы, кытай тилин үйрөнүүгө барып жатам.

- Аа-а мейли, - деп койду Айжан, ал кызынын себин берүүгө даярданып жаткан.

- Мама, мага дагы ушинтип бересизби? - деди анан отура калып.

- Ананчы, кыздарымдын себин келиштирип бергенге даярданып жатпайынбы.

- Гүлүнү качан алышат экен?

- Аз күндөн кийин сөйкө салышат, андан соң үйлөнүшөт.

- Русланды жакшы бала, - деп ойлойсузбу?

- Жакшы жигит, ата-энеси илик жаатыбыз эмеспи кызым, эмнеге сурадың?

- Билбейм, эмне, - деп айтаарымды дагы өзүм түшүнбөйм...

- Айта бер кызым, - Кулак түрө жасап жаткан ишин токтотуп аны карады.

- Мен качан көрсөм башка-башка кыздар менен жүрөт, Гүлү көрбөсө керек.

- Эми азыр жүрсө жүргөндүр, таанышы же бирге окуганыдыр...

- Жо-ок мама, балмуздак алып берип, колтукташып алып паркка барат, эки-үч жолу аңдып көрдүм, - Элмира эмне дээр экен, - деп Айжанжы карап калды.

- Гүлүгө муну айтпай эле кой, жаш кезде боло берет кызым, үйлөнгөндөн кийин эле Гүлүнүн көзүн карап калат, - Айжан жылмайып ага карап, - Сен да бир күнү ошондой абалды көрсөң жигитиңе таңгалба, таарынба кызым, жигиттер ошон үчүн эркек да, ары жүгүрөт, бери жүгүрөт, башкысы сени сүйсө кайра эле өзүңө келет, аял чыдамдуу, көтөрүмдүү болуу керек, чыныгы сүйүү алдабайт, эң жаманы сүйбөгөн адамга алдануу кызым.

- Чыныгы сүйүү экенин кантип билсе болот?

- Чыныгы сүйүү деген бири-бирине тартылышуу, сагынуу-күтүү менен башталып үйлөнүү менен аякталат, сүйгөн адамыңдын атын жүрөгүңдөн өчүрүүгө мүмкүн эмес, негизгиси эки адам тең бирин-бири сүйгөндө, жалгыз сүйүүнүн арты да ийгилиги да болбойт, - деди Айжан мээримдүү жылмайып, - Андай сүйүү жек көрүү менен гана аяктайт кызым.

- Сиз сүйдүңүз беле?

- Ооба, - Айжан улутунуп алды, - Эң биринчи сүйүүнүн даамын таттым, андан рахат алдым, акыры Гүлүмдү кучактап кала бердим...

- Атамды сүйгөн эмессизби?

- Кызым, адамга сүйүү бир гана келет, кийинкиси сыйлашуу, бири-бирин ае, жөлөк болуу, кайгыны унутуу гана, - Көздөрүндөгү жашы мөлтүлдөй Элмиранын жаагына алаканын койду, - Атаң экөөбүз тең карайлап турганда бири-бирибизди кыйын учурда колдоо үчүн үйлөнгөнбүз, анын колунда сен тентек бар элең, менин колумда Гүлү тентек бар болчу, сөзсүз бири-бирибизге керек болчубуз...

- Анда сүйүүсүз деле жашаса болот экен да, - деп оозун жыя электе Гүлжамал кирди.

- Эмнени сырдашып жатасыңар менсиз? - Ал келип апасын өөп, Элмира менен алакан чаап отура кетти.

- Кеч келдиң го кызым?

- Режиссерубуз клипти күүгүм аралаш тартат экен апа.

- Кандай клипке түштүң? - деди Элмира.

- Бир жигиттин ажырашып кеткен сүйүүсүнө.

- Оо анда клиптин маңызы кызык болсо керек?

- Ооба, клип жакшы тартылды, бирок ыры ага шайкеш келбейт.

- Эмнеге?

- Өздөрү каалагандай ойноп бердик, бирок мага ыры жакпады, ошол.

- Качан көрөбүз?

- Буйруса кийинки аптады.

- Кызым, ушунуңду таштап эле койсоңчу.

- Койчу апа, менин алдыма койгон максатымдан тайдырбаңызчы, жакында бир киного сунуш түшүп жатат, буйруса кийинки айда башталат.

- Руслан балким жактырбас актриса болушуңду.

- Өз билгенин кылсын, менин карьерама кедерги болууга эч кимдин акысы жок! - Гүлжамал бөлмөсүн көздөй басты, - Кардым ачты апа, бирдеме барбы?

- Азыр кызым, атаңар да келээр учуру болуп калды, чогуу тамактанабыз.

- Мама, - деди Элмира Гүлжамал кеткенден кийин.

- Эмне болду кызым?

- Гүлү Русланды сүйбөсө кыйнабаңыз да.

- Сүйүп кетет, али экөө тең жаш эмеспи.

- Билбейм, Гүлүнүн ага бир дагы көңүлү жоктой көрүнөт.

- Кабатыр болбо кызым, - Күлө карады, - Руслан жакшы жигит, азоолонгон немени ооздуктап алат, ошондо көрөм, актриса болом дегенин, үй-бүлөө үчүн акыры баш ийбегенде кайра барат, - деген Айжан унчукпай калды, Элмира ашканага кирип тамакты карады, анын дагы карды ачкан эле аңгыча Акылбек келди, эшик абдан суук болгондуктан анын үшүгөнү билинип турат.

- Келдиңби Акыл, кечиктиң го? - деп Айжан анын тонун чечип, тумагын илип жылмая карады, - Үшүп кетипсиң, жуунуп келип ысык тамак ич.

- Эрнис жокпу?

- Ал үйдө, сабак окуп жатат го.

- Чакырчы.

- Азыр, тамакка келет да, эмне кыласың?

- Сүйлөшөм, колоктоп жүрө бербей мага жардам берсин, - Акылбек ушинтти да жуунчу бөлмөгө кирип кетти, чынында булардын баарын багып жаткан Акылбек эле, Эрнис онду бүткөнүнө эки жылдай болсо дагы бош жүрөт, аскерден алып калышкан, быйылы жылы аны дагы окууга тапшыртмак, Акылбек тааныш-билиш издеп жүргөн убак эле. Жалгыз баласынын келечеги экөөнү тең тынчсыздантып жүрөт, үйдөн чыгып кетип түн ортосунда келип жатат, кээде келбей да калчу болгон. Баары дасторконго отуруп тамактанып болгон кезде Акылбек Эрнисти карап сөз баштады:

- Уулум, эмне иш бүтүрүп жүрөсүң?

- Жөн эле, кайсы ишим бар эле ата, - Ырсаңдай күлүп карады.

- Бекер жүргөндөн тажагандырсың балам.

- Эмне кыл дейсиз?

- Мага жардам бер бүгүндөн ары.

- Ой-ий керээлден кечке базардабы?

- Мен ошентип багып жатам го силерди.

- Кыздарыңыз барбайбы кезек менен, - Эрнис моюн толгоду.

- Кыздарга тийишпе, бул үйдүн эркеги экөөбүз болгон соң экөөбүз милдеттүүбүз балам, минтип жүрсөң бир балээнин ичинен чыгышың мүмкүн.

- Ата коюңузчу кантип эле...

- Болду, ата-эненин сөзүн укпаган бала бей тартип болуп өсүп калат, сен акча десең акча, кийим кийсең, ичип жесең баары даяр болсо ошол кайдан келип жатканын билбейсиң, бекерден келген дүнүйөнүн баркы жок болот, эмгектенип өз мээнетиң менен тапсаң ошондой сезесиң жашоонун баркын, - деп Акылбек уулун ойлуу карап отуруп айтты.

- Өзүң жалгыз уулсуң балам, - Айжан сөзгө аралашты, - Атаңдын сөзүнө кулак салып тереңине түшүн, акылсыз бала атаны укпай, эненин сөзүн тыңшабай уятка калтырат балам, билсең биздин бар тапканыбыз сеники, кыздар бирөөнүн бүлөөсү, бүгүн болбосо эртең кетет, бизди карап бага турган сенсиң уулум.

- Ооба, мен силерди карайм апа, мындан ары атам менен соода кылам.

- Азамат уулум, - Акылбек ыраазы бол кубанып калды, ынтымактуу, тарбиялуу үй-бүлөө ошентип бир пикирге келгендей болду, бирок кыздардын өздөрүнчө таймашуусу, бири-бирине тирешүүсү тымызын боло берди. Русландын ата-энеси камы бүтүп Акылбектикине барганга даярданып туугандарын чакыртып жатышкан, Жапаркул кырктардагы кара мурун киши, Атыр шакылдаган ачык-айрым аял, алардын беш баласы бар, эң улуусу Руслан.

- Рус балам, - деди Жапаркул, - Кыз менен сүйлөшүп жатасыңбы?

- Жок ата, ал өтө эле "знаменитый" неме экен, жолуга албадым.

- Ой ата-аңдын гөрү десе, - Жапаркул күлө мурутун сылады, - Көңүлгө жаккан кызды кайдан да болсо табат жигит деген, деги көңүлүң барбы кызда?

- Бар эле...

- Анда бүгүн жолук да бараарыбызды айт.

- Ошент балам, - деди Атыр, - Гүлү абдан жакшы кыз, Айжан өзү жакшы аял, "энесин көрүп кызын ал", - деп биз ошону үчүн тандап жатабыз.

- Жолугуп көрөйүн.

- Жолугуп көрбө, жолук балам, аялды сен аласың, эгерде көңүлүң болбосо айт ачыгын, - деп Жапаркул буйрук бере сүйлөдү, - Эркек бол балам!

- Эркек болсо эле эмне экен? - Руслан күңкүлдөй жер карады, - Актриса боло турган кыз силерге чай береби анан?

- Эмне ал жакпай турабы? - Жапаркул ормое карады.

- Жо-ок, деги айтам да.

- Даярдык бүттү, жакшылап сүйлөш, дароо эле киргизебиз.

- Жо-ок, деги айтам да.

- Даярдык бүттү, жакшылап сүйлөш, дароо эле киргизебиз.

- Бат элеби? - Руслан алая карады, ал баягы Элмира айткандан бери көңүлсүз болуп: "Түн бир оокумга чейин жүрсө, күндө кечинде кетсе бузулган кыз эмеспи", - деп ойлонуп жүргөн.

- Эмнени күтөбүз, болоор иштин болгону жакшы, туура Ноорузга карата тойду өткөрүп калабыз, - деди Атыр. Руслан унчукпай отуруп калды, Атыр үй телефонуна чалып Айжан менен сүйлөштү да, - Тур балам, азыр гүлү үйдөн чыгыптыр, кайда барса кошо барып сыйлап сүйлөш, - деди Руслан шашыла чыгып машинасы менен алардын үйүнөн аялдаманы көздөй кеткен жолго салды. Ошол учурда Гүлжамал аялдамага жетейин, - деп калган эле.

- Гүлү кандайсың? - Руслан ага жетип унаасын токтотту да түшүп келип учурашты, - Ишкеби?

- Ооба, ишке шашылып жатам.

- Кел отур жеткирип коем.

- Жо-ок такси кармайм.

- Койсоңчу, отур эми.

- Жарайт, төлөйм, - Гүлжамал жылмая унаага отурду.

- Кайда кеттик?

- Филармонияга чейин.

- Жакын эле го?

- Ошол жерден чогулуп Ыссык-Көлгө жөнөйбүз.

- Эмнеге?

- Кинонун башталышы ошол жактан тартылат экен.

- Эми киного түшө баштадыңбы?

- Ооба, сунуштар көп.

- Башкы ролбу?

- Азырынча экөөнүн бири, атаандашым бар.

- Кандай атаандаш? - Руслан түшүнө бербей карап калды.

- Эки кыз бир жигитти сүйөт, мен ал экөөнү бузам, - Күлүп койду.

- Колуңдан келеби?

- Ойногонбу?

- Жо-ок бузган.

- Сценарий боюнча сүйлөйм да.

- Кызык экен, - Руслан ойлуу жолду карап бара жатты, - Гүлү, эки күндөн кийин үйүңө барабыз, - деди сынай карап.

- Эмнеге? - Гүлжамал аны карады.

- Билесиң да, сага куда түшөбүз.

- Сенби? - Гүлжамал бырс күлдү, - Эмне максат менен?

- Экөөбүз үйлөнөбүз.

- Эмнеге үйлөнөбүз?

- Жашоо үчүн.

- Кандай жашоо үчүн?

- Гүлжамал, тамашага салбачы, ата-энебиз макулдашканын билесиң да.

- Билем, бирок экөөбүз кантип жашайбыз?

- Ушинтип эле, башкалар жашагандай.

- Русла-ан, кантип сүйүү болбосо жашоо болсун?

- Эми-и сүйүү бар да...

- Кимибизде сүйүү бар? - Кыз аны сынагандай тигиле карады, унаа ошол кезде филармониянын сол тарабындагы чоң жолдун боюна токтоду.

- Мисалы...

- Көрдүңбү, сүйүү дегенди али билбейсиң, - Гүлжамал түшүп кетмек болгондо Руслан колунан кармап калды.

- Мени уксаң Гүлжамал.

- Тезирээк айт, мени күтүп калышты.

- Чынында мен сени сүйөм Гүлү, бирок айта албай кыйнала берем.

- Сен мени чын эле сүйөсүңбү Руслан?

- Ооба, эмне ишенбейсиңби?

- Ишенейин, бирок чыдай аласыңбы, менин алдыга койгон максатым бар, мисалы Таттыбүбү, Сабира, анан Бакен эжелердей актриса болгум келет, а сен менин күндөп-түндөп тартылуума каршы турасың, тажайсың туурабы? - Гүлжамал андан кандай жооп болот, - деп күтүп калды.

- Эгерде бири-бирибизди сүйсөк анда ишенүүгө болот го?

- Руслан, мен он күнгө кетип жатам, келгенден кийин сүйлөшөлү.

- Он күнгөбү?

- Ооба, ошондой убакыт кетет экен.

- Үйдөгүлөр камынып туугандарды чакырып койбодубу?

- Аны билбейм, кааласаң күт, эгерде сүйгөнүң чын болсо күтөсүң, - деп унаанын эшигин ачты, - Мага капа болбо Руслан.

- Мен кошо барсам болбойбу?

- Эмнеге? - Гүлжамал аны түшүнө бербей карады.

- Мисалы бирге болсок жакшы болмок, сенин тартылганыңды көрөм.

- Бара аласыңбы?

- Ал эмне дегениң?

- Ата-энеңдер жооп бербесечи?

- Берет, сен макул болсоң болду.

- Жарайт, ушул жерде бол, - деп Гүлжамал басып бара жатты, Руслан үйүнө жөнөдү, барып түшүндүрүп кайтуу үчүн, бирок аны Гүлжамал чыгып таппай калды да группасы менен жөнөп кетти, ошентип Руслан кала берди, айнып Элмирага үйлөнөм деп айткысы келет, бирок өзү Гүлжамалды сүйөт, ошондуктан унчукпай он күн бат эле өтүп кетет, - деп өзүн-өзү алаксытып жүрдү. Бир күнү Акылбектин үйүнүн жанына өтүп бара жатып Элмиранын үйүнөн чыгып кетип жатканын көрүп жетип барды:

- Кандай балдыз?

- Жакшы, ашыгып алган жоксузбу?

- Эмнеге?

- Балдыздуу болгонго.

- Кызык, акыры болосуң да.

- Жо-ок, жаңыласың Руслан, бир күндүн ичинде эмнелер болуп кетээрин кудай билет, али эжеме үйлөнбөй туруп балдыз дегениңизге кошула албайм.

- Анан эмне дешим керек?

- Менин өз атым бар.

- Кечир Эля, мен эми баары бир Гүлүгө үйлөнөм, - деген ойдо айттым да.

- Мүмкүн, бирок алдыда эмне болоорун билбейбиз да.

- Туура, аа-а баса эми эжең түнкүсүн жүрбөй калдыбы?

- Көнгөн адат кайда болсо боло берет да, сиз өтө эле ишенчээк окшойсуз?

- Ооба, мен Гүлжамалды катуу сүйгөнүмдөн го?

- Кубаттайм, сүйүү адамды сокур кылып коет имиш.

- Жигитиң барбы?

- Сүйгөнүм бар.

- Жакшы экен, сени катуу сүйсө керек?

- Мен аны сүйөм, бирок анын мени сүйөөрүн билбейм.

- Эмнеге, сени сүйөм, - деп айта элекпи?

- А сен айттың беле сүйөм деп?

- Ооба, дал кетээр күнү айттым.

- Ошончо шашылдыңбы?

- Атамдар келинди киргизебиз, - деп шашып жатышат, үйлөнө электе айтууну туура көрдүм, чыныгы сүйүү абдан сүрдөтүп коет экен, кийин таарынып жүрбөсүн дедим, - Руслан оюнда жаманы жок эле сүйлөп жатты.

- Чыныгы сүйүү дейсиңби? - Элмира анын көздөрүнө тигиле Айжандын айткандарын эстеди: "Чыныгы сүйүү бири-бирине тартылышуу, сагынуу-күтүү менен башталып үйлөнүү менен аяктайт, сүйгөн адамыңдын атын жүрөгүңдөн өчүрүү мүмкүн эмес", - дегенин эстеп, - Демек чыныгы сүйүү экен да, Гүлү дагы сени ошондой сүйөбү? - деди карап турууга чыдамы жетпей жүзүн ары бура.

- Мен сүйөм, аны билбейм.

- Менимче ал азыр карьерасын сүйсө керек ал.

- Кантип?

- Ошондой, ал үйдү дагы сахнага айлантып алды, келсе эле репитиция жасайт, жигит дегенди ойлогон түрү жок менимче.

- Өткөндө башкача айттың эле Эля.

- Түшүнбөй калгандырсың, съемкада күн-түн боло берет, сценарийге жараша болушат да, анын азыркы көздөгөнү өз максатына жетүү, башкага назар дагы салгысы жок, кыйналып калбасаң болду, - дегим келет.

- Эмне, ал эч кимди сүйө албайт демексиңби?

- Ооба, сүйүү деген нерсени ал азыр ойлогусу да келбейт.

- Эмне кылуум керек анда? - Сынай карады кызды.

- Айланаңды жакшылап кара, кандай кооз да керемет, ошол эле учурда сени сүйүп сен деп жүргөн бирөөлөрдү к өз алдыңан өткөр, өмүр күтүп турбайт, каалооңду түшүнбөйт, аркырап аккан суудай өтө берет, адам бул өмүргө аманат болгон соң ошол аздыр-көптүр жашоону каалагандай жашап калуу керек деп ойлойм Руслан.

- Аның туура Эля, бирок жүрөккө буйрук бере албаган кандай жаман?

- Бирок убакытка уттурууга дагы болбойт.

- Түшүнөм, - Руслан ойлонуп калды, - Кайда бара жаттың эле?

- Курска барам, кытай тилин үйрөнүп жатам.

- Эмнеге кытай тилин?

- Өзүм үчүн, быйыл кытайга окууга кетем.

- Чын элеби?

- Ооба.

- Укмуш, Акылбек байкенин кыздарынын бийик максаттары бар кыздары мени кызыктырып койду.

- Ыраспы?

- Ооба, чын айтам, Гүлжамал актриса болуу үчүн бийиктикке умтулуп жүрсө, сен чет өлкөдөн окугуң келсе, чынында таңгалаарлык, а Эрнис эмне кылып жатат?

- Ал быйыл окууга тапшырат, атама жардам берип соодада.

- Азамат, аскерге барбадыбы?

- Алып калганбыз.

- Жакшы кылыптыр, азыркы аскерге барган балдар согушка баргандай апаатка кабылышат, мен дагы барган жокмун, өлтүрүп коюшуп өзү өлдү дешкеничи, деги ушу биздин өлкөдө калыс башкаруу болбой калды го?

- Атамдар дагы ошондон коркушту, Эрнис жалгыз инибиз эмеспи.

- Эрнис акылдуу бала.

- Бар болсунчу, менин дагы тилегеним ошол.

- Баарыңар үчүн ал чыны жалгыз эмеспи, - Руслан муну атайын айткан, анткени алардын аталары башка экенин уккан, мурда түшүнбөй жүрдү, кийин түшүнгөндөн кийин гана Гүлжамалды жактырбаганын, күнүлүк барын билип калган.

- Ооба, атам дагы көзүн карап турат, мамам андан...

- Гүлү дагы жакшы көрөбү?

- Билбейм, анын кандай ойлогонун, жакшы көргөнү, жаман көргөнү белгисиз...

- Өтө мерез болсо керек?

- Антип да айта албайм, - Элмира токтоп калды, - Эмесе мен кетүүм керек, болбосо кечигип калам, - Жылмая карады.

- Макул анда, Гүлү келгенде жолугабыз.

- Жарайт, - Элмира басып кетти, Руслан аны бир азга карап туруп анан өз жолуна түштү, үйүнө келсе апасы кейип жатыптыр, унчукпай карап тура берди, анткени атасынын бир тууганы, карындашы менен Атырдын эки сиңдиси болуп келип убара болуп кетишкен. Русланды күнөөлөп айтпаган сөздөрү калбады, келесоо-макоосуна жетип тилдешкен, сүйлөшө албаганына чейин айтышкан эле.

- Бул катын ала албайт, Жапар экөөбүз үйгө киргизип беришибиз керек да, - деп Русланды байкабай сүйлөп жатты, - Эркек деген шамдагай эле болбойбу, кыз менен сүйлөшө албайбы же...

- Байбиче, кыз сырайып сүйлөшкөнгө убактысы болбой жатса эмне кылат?

- Ботом үйүнө деле барбайбы.

- Барганда ата-энесинин көзүнчө кантип сүйлөшмөк эле?

- Ой өзүнүн боштугу да.

- Кой байбиче, сааты чыкканда үйлөнөт да.

- Көрөбүз, өзүңдү тартып тартынчаак балаң дагы, - дегенде Руслан үн чыгарды, анткени апасы дагы атасынын тартынчаагын, өзүнө сөз айта албай жылдап жүргөнүн, акыры эптеп ала качып алганын айта баштайт:

- Апа, эми болбодубу.

- Качан келдиң эле? - Чоочулай карады.

- Азыр эле келдим, апа Гүлжамал болбосо башка кызды алып келе берейин.

- Эмне? - Атыр уулун таңгала карады, - Эмне дейсиң ой бала?

- Башка кыз алып келе берейин дейм.

- Жинди болгон го ой Жапар, балаң эмне дейт ыя?

- Айтат да, колунан келбейт, тартынчаак, - деп эле жатсаң.

- Тигилерге эмне дейбиз?

- Ал кыздын да маңдайына жазганы тургандыр.

- Кой ай, өзүбүзгө ылайык, ата-энеси сырдакана, - дедим эле да.

- Байбиче, ал чачын желкесине түйүп алып күндөп-түндөп киного түшөм, - деп жүрүп экөөбүзгө ысык чай бере алабы? - деп Жапаркул чын ниети менен айтты эле Руслан ага чекит койду:

- Тамашаладым ата, Гүлжамал келип калат, мен башканы албайм.

- Ий оо садагаң болоюн десе, ошентсең уулум, - деп Атыр коштогондо күлүп ийди Руслан.

- Шартты билип туруп эле мындай-андай дей берсеңер башканы алып келем, - дейм да, деги жинге тийдиңер.

- Кой садага, сага жакшылык эле каалайбыз да, атаң экөөбүздүн жашыбызда алдап соолап балаңарды бактырып алсаңар болбойбу, биз эмне өлбөс болуптурбузбу? - Кубана баласына дасторкон жайды.

- Апа, Элмирасы кандай кыз?

- Ийи, - Атыр ормое карап: "Буга эмне болгон, Эляны жактырып калганбы, анда Айжан капа болот да, анын кызын келин кылам, - деп жүрүп өгөй кызын алып алсак", - деп ойлонуп кетти.

- Деги да, сиз билесиз да.

- Ал деле жакшы кыз, бир аз өжөр кыз.

- Өжөрлүк жакшы го, айтканынан кайтпайт.

- Аны кой, Гүлжамал келсе дароо эле киргизели балам ээ?

- Макул, - деп Руслан тамакка алаксыды.

- Айжанга барып келейинчи, - Атыр чыгып кетти, Руслан андан кабар алганы кеткенин деле билди. Эки-үч күн өткөндөн кийин Гүлжамал келип калды, ал келээри менен Атырдын айтуусу боюнча Айжан үйүнө телефон чалып койду. Гүлжамал кол телефонун дайым өчүрүп койчу эле, зарыл иш чыкканда ар дайым үйүнө чалышчу, Руслан апасынан угуп жетип барды.

- Кандай Гүлү, жакшы келдиңби?

- Жакшы.

- Съемка кандай өттү?

- Жакшы, мен чарчап турам Руслан.

- Эртең жолугалыбы?

- Жок болбойт, калпычыларга жолуга албайм.

- Эмне, мен калп айттымбы?

- Аны бул жерде айтуунун кажети жок, балким сүйөм деген кыздарыңдын бирөөсүдүрмүн, бар Руслан, мен чарчап келдим.

- Макул, азыр кетемин, бирок сенин дагы мага жооп берээриң бар Гүлү, - Руслан ызалуу артына кайрылды, Гүлжамал ичи ачыша аны карап турганда:

- Бечара, жоопсуз сүйүүдөн чарчабаптырбы7 - деп Элмира Гүлжамалдын жанына жылмая басып келип кашын серпе Русланга карай көзүн ымдап башын булгады.

- Эмне дедиң? - Гүлжамал каштарын жыйрый көзүн Русландан албай сурады, - Эмне деп эле жатасың Эля?

- Чындыкты.

- Сенде кандай чындык бар эле?

- Баардык чындык менде кулпулануу, өзүң сүйбөсөң сөз илээштирбе да.

- Сага кандай тиешеси бар?

- Тиешеси жок, байкушка боорум ооруйт.

- Эля, чектен чыкпа, сен экөөбүз талашчу сөз эмес бул, - Гүлжамал үйдү көздөй кадам таштады.

- Талашчу сөз эмес, бирок калыстык кылгым келет.

- Эмне, - деп эле жатасың, айтчуңду ачык айтчы, - ачуусу келе артына карады.

- Сен көтөрүлө баштагансың го, жылдыз оорусуна чалдыгып калгансыңбы? - Элмира ого бетер кычы сүйлөдү.

- Мени Гүлжамал, - деп эле сез, кана айтчуңду айтпайсыңбы?

- Уккуң келип турса айтайын, жигиттердин сүйүүсү сен үчүн кеп эмеспи?

- Муну менен эмнени айткың келет?

- Русланды айтам.

- Ал менин ишим, - Кайра бурулуп кетээрде.

- Сүйбөсөң ачыгыңды айт да, - деди Элмира.

- Мен чече турган ишке кийлигишпе сиңдим, - деди да кирип бара жатканда Айжан алдынан чыкты.

- Эмне болду кызым?

- Эчтеке апа, эс алайынчы.

- Эс ал, эртең базар аралап Эля үчөөбүз кийим кечеңди даярдайлы.

- Азыр кереги жок, керек болсо күтсүн!

- Эмне дейт?

- Ооба апа, туура уктуңуз, качан мен жооп бергенде, - деп Гүлжамал кирип кеткенде Айжан унчуга албай кала берди.

- Мама, Гүлүгө эмне болгон? - деди Элмира басып келип.

- Чарчаса керек кызым.

- Ошондо да Русланга сылык эле жооп берсе болмок, мен айтсам уккусу келбейт.

- Мейли кызым, эртең сүйлөшөлү, бүгүн жол азабынан кыйналган окшойт, - деп Айжан кирип кетти, Элмира мыскылдай жылмайып башын чайкап туруп калды: "Мени айбан деп ойлошот, атамдын тапканына көпкөн акмактар, өзүнүн гана кызын бактылуу болсо дейт, мени ойлоп да койбойт, шашпагыла тоюңарды сөзсүз бузамын, көз көрүнөө Русланга тийип албасамбы", - деп ойлонуп алардын артынан бөлмөсүнө кирип кетти. Ал күнү Руслан үйүнө маанайы пас киргенде ата-энеси чай ичип отурушкан.

- Эмне болду, сүйлөштүңбү кыз менен? - деди Жапаркул.

- Ата жолуктум, эртең сүйлөшөбүз, бүгүн чарчап келиптир, - Башын жерге сала жооп кылды Руслан.

- Туура, чарчаса чарчагандыр... - Атыр ичтен сыза отуруп калды.

- Байбиче, көңүлүнө карап отурбай эле ала качты кылып киргизип албайлыбы?

- Опей, анда болбой калбайбы, - Атыр күйөөсүнүн сөзүн жактырбады, - Биринчи келин алып жатсак, жаңыча салт менен эле алабыз.

- Мейли эми, мен айткандай эле болсун, - Жапаркул баш ийкей отуруп калды, негизи эле үйдө Атыр башчы катары эле айтканы айткан боло турган. Ал Русланга аябай үйрөтүп жатты, алгандарын көрсөтүп, сөйкөлөрүн алдына жайып жетине албай кубанып жүрдү. Эртеси үйүнө телефон чалып Руслан сүйлөштү, бирок бул жолу Гүлжамал унчукпай эле жолугушууга макул болгондо ал кубанып кетти, чынында Гүлжамал Элмиранын сөзүнөн улам бир нерсени байкап: "Демек бул дагы Русланды сүйөт, мен сага алдырып ийе койбойм, сүйүүңдү башка жактан изде сиңдичек, жок дегенде кыз кылыгыңды көрсөтүүгө да жок бербедиң, эми суктанып да, ичиң күйүп да кала бер сиңдижан, карьерама да, сүйгөнүмө дагы жетем", - деп ойлонуп жасанып жатты:

- Кирсем болобу? - деди ошол учурда Элмира.

- Кир, - деди кыска гана Гүлжамал.

- Бир жакка барасыңбы?

- Ооба.

- Күйөө балагабы?

- Ооба, күтүп калды. - Бөлмөдөн чыга жөнөдү.

- Жездекеге салам айтып кой.

- Айтам, - деп жөнөп кеткенде Элмира ичи ачыша туталанып бөлмөдөн чыкса Акылбек менен Айжан чайга отуруптур.

- Ата, мен таенемдикине барып келейинчи, - деди кабак бүркөп.

- Кызым, Гүлүнү бүгүн эртең узатабыз, сен катышпасаң болбойт го?

- Келип калам ата.

- Кызым, сөйкөнү салып эле алып кетебиз, - деп жатышат, - Айжан Элмираны чын дилинен мээримин төгө карады, - Сен болбосоң болбойт.

- Мама, мен тез эле барып келемин.

- Макул кызым, көптөн бери бара элексиң, - деди Акылбек жылмая, - Бара гой кызым бара гой окууга кетээриңди унутпа, - Жанына чакырып чекесинен өптү.

- Рахмат ата, мама мен кеттим.

- Жолуң болсун кызым, - Айжан дагы өөп узатты, үйдөн узаары менен Элмира ызаланып эчкирип ыйлап жиберди: "Эгерде өз апам болгондо калыстык кылат эле го, өзүнүн гана кызына тартып турат, бир тууганым болсо балким сүйбөгөнүн ачык айтат эле, бул мени менен сырдашпайт дагы, мени менен сыр айтышып сүйлөшсө балким бир туугандай болуп кетет элек го, Эрнис деле аларга тартат да, мен бул дүйнөдө жападан жалгызмын", - деп короонун четинде ыйлап бугу чыкканча туруп анан жолго түштү.

Гүлжамал менен Руслан кафеде отурушту.

- Гүлжамал, сени барып таппай калдым, - деп Руслан ага түшүндүрүп отурду.

- Мен сени таппай калдым.

- Үйгө айтып коймок болдум да.

- Мейли эми, ал өткөн нерсе, башкасын сүйлө.

- Ошо, эртең сага сөйкө салып эле алып кетели...

- Эмне, ошончо шашылыппы?

- Өзүң билесиң да Гүлү, үйлөнүш керек.

- Руслан, менин ар бир кыял жоругума чыдай аласыңбы?

- Мынчалык сүйүп, үйлөнүүгө бел байлаган соң чыдайм, - Руслан ойлоно калып кайра суроо узатты, - Мисалы үй-бүлөө дегенди кандай түшүнөсүң Гүлү?

- Мм, үй-бүлөө деген чакан мамлекет да туурабы?

- Туура, башчыны сыйлайсыңбы же өзүң башчы болгуң келеби чакан мамлекетке? - деди Руслан жылмая.

- Менимче бири-бирин угушу керек, анан бири бийлик жүргүзөт дегенге мен каршымын.

- Мейли анда, керектүү жообумду алдым.

- Сыныңа толо алдымбы? - Гүлжамал күлө карады.

- Толгон сыяктуусуң.

- Руслан, сенден бир өтүнүч.

- Угуп жатам.

- Сен үйдөгүлөргө туура түшүндүрүп койчу, дароо эле үйлөнтүүгө шашпасын, - деди ойлуу Гүлжамал, - Себеби мен кечээ гана өз карьерам үчүн киного тартылып келдим, эми анын ачылышы болот, дагы чакыруулар дегендей, ушул майда бараттар бүтсүн, кандай дейсиң?

- Эмне экен, ээрчишип барып турабыз, кыскасы мен сага кароолчу болууга даярмын, - Руслан жылмая карады.

- Ошол кантип болсун?

- Мен бирге барсам болбойбу?

- Жо-ок, болот дечи, бирок сен деле иштешиң керек да.

- Иш эч качан качпайт, мен сүйгөнүмдүн жанында жүрүүнү каалайм.

- Болуптур эми, калганын кийин сүйлөшөбүз, сен мага жооп берген жоксуң.

- Кандай жооп?

- Азырынча куда түшүп эле койсун дегеним...

- Гүлү, менде сенин такыр көңүлүң жок болсо керек?

- Эмнеге антип сурадың?

- Эгерде мени аз да болсо жактырсаң мындай дебейт элең.

- Руслан, азыр менин иштерим көп, өзүңдү көрсөтүү абдан кыйын, менин бала кезимден берки кыялым ишке ашканы турат, ал турсун башкы полго бара албай кыжаалатмын, бул кинодогу ролумдан бир аз таанылаармын деген үмүтүм бар, сен мени кыйнап жатасың, турмуш курууга али эрте дегим келген.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, сүйөм дечи, үй-бүлөө кургандан кийин баары калып калабы, - деп корком Руслан, мени түшүнчү кудай жалгагыр.

- Эрте болгондо кандай, качан үйлөнсөк дейсиң?

- Мен таанылып калганда, себеби ага чейин мен жүгүрүшүм керек да.

- Мен жардам берсем болбойбу?

- Кантип жардам бересиң?

- Сен жасай турган иштерди жасайм да.

- Ой кудай ай, мени түшүнгөн жоксуң Руслан.

- Анан кандай...

- Мага спонсорлор чыгат, алар менен жолугушум керек, дагы ушундай...

- Ой ошол спонсорлукту өзүм эле мойнума алайынчы.

- Жо-ок Руслан, такыр башкача, - Гүлжамал түшүндүрө албады, же ачык айта албайт, анткени аны жакында эле бир куу чирен чакырып алып түшүнө кирбегендерди айтып мактанган, жадагалса Россиялык режиссерлор менен сүйлөшүп орус кинолоруна тартканга убада берген эле. Ошондуктан тойду кечеңдетип жылдыз болуп чыга келсем анан турмуш курууга болот, - деп ойлогон, Русландын эртең эле үйлөнө коелу дегени аны андан баш тартууга аргасыз кылып турду.

- Макул, мен карьера дегениңди түшүнбөйт экенмин, эмне кылабыз?

- Бир жыл кое тур, анан деле үйлөнөбүз, эми эле өтүп кетет.

- Эмне, бир жылбы?

- Ооба, бир жыл сага узакпы?

- Билбейм, атамдар чалкасынан түшөт го?

- Анда Руслан, сен үйлөнө бер, мен өз максатымдан кайтпайм, - деди да Гүлжамал ордунан турду, ошол учурда анын кол телефону чырылдап калды, - Алоо, ооба мен угуп жатам, макул-макул сөзсүз барам, - деди да өчүрө салып кафеден чыгып бара жатты, Руслан жаман акыбалда калды: "Бул кыздын эмне ойлогону бар, жактырбаса ачык айтпайбы, сүйүүмдү мен ага таңуулаганым жакпады окшойт, артисти күйөөм дебе дегендей бул менин ысык-суугума чыдаган аял боло албайт экен, бүттү эми баары, башка кыздардан издейин бактымды", - деп ойлонуп отура берди. Гүлжамал аны артымдан чыгат деген ойдо бир аз күттү да такси менен үйүнө кетип калды. Ал келээри менен Айжан:

- Келдиңби кызым? - деди мээримин төгө.

- Келдим апа.

- Кардың кандай?

- Ток, - деп коюп бөлмөсүнө кирип бара жатканда.

- Руслан менен сүйлөштүңбү? - деди Айжан.

- Ооба апа, той болбойт!

- Эмне?! - Айжан турган жеринде катып калды, ошол күнү кечинде алардын үйүнө Атыр келди, Айжан аны үйгө киргизди, маанайы пас эле анын.

- Эмне болду Атыр? - деп сурады Айжан.

- Гүлү айткан жокпу?

- Эмнени айтсын ботом?

- Кайда жүрөт, өзүм сүйлөшөйүнчү.

- Адегенде айтсаң капырай, эмне Руслан экөө тартышып калыптырбы?

- Кызың сага айткан жокпу?

- Жо-ок, келип эле бөлмөсүнө кирип кеткен, - Айжан жашырып койду кызынын айтканын.

- Башкага үйлөнө бер деген турбайбы Русланды.

- Койчу, ошентиптирби чунак кыз.

- Айжан, биз башынан кудаларданбыз, сенин агаң менин жездем, башкадан көрө бажа элек дегендей бир туугандайбыз, - деп Русланды мен көндүргөнмүн, - Атыр Айжанды бир саамга карап туруп, - Гүлү болбосо Эляны келин кылып алам, - дегенде ал унчукпай эле карап калды, муну сырттан кирип келе жаткан Акылбек да, бөлмөсүнөн чыгып келе жаткан Гүлжамал дагы укту, бирок ал кайра бөлмөсүнө кире качты: "Эмне дейт, Эляны келин кылам дейби, эмнеге бир жыл чыдай албайт, Русландын мени сүйгөнү жалган экен да, эгерде сүйгөн болсо күтмөк, мейли тардык кылбайын алса ала берсин", - деп ойлонуп жатып ыйлап турганын сезген жок. Акылбек укканы каңырышпы дегендей акырын чечинип алар отурган бөлмөгө кирди:

- Оо кел Атыр, той жакындап калган го? - деди сыр билгизбей учураша.

- Келип калдым Акылбек, Гүлү макул болбосо Эляны бергиле, - деп келдим.

- Койсоңчу Атыр андай болбойт да, эже-сиңдини эрмектегениңер болбойт.

- Акылбек, кыз жок эмес, Русланым деле кыз карабай кое тургандардан беле, ушунча сүйлөшүп жүрсөк Гүлү болбой коюптур, экөө кыз-жигит деле болушкан жок, Эляны келин кылып алалы, шарты менен келип алалы.

- Атыр, бул өтө орчундуу маселе эмеспи, ойлонуп чечүү керек, Эля өзү дагы бүгүн таенесиникине кеткен, андан көрө мен Гүлү менен өзүм атасы катары бир сүйлөшөйүн, баланын оюнундай көрбөш керек жашоону, турмуш куруу курбоо балдардыкы, киришип кереги жок, балдар куурчак эмес да каалагандай ороп чулгап же жаткырып тургузгудай, алардын жүрөгү бар, каалоосу бар Атыр.

- Айтканың туура дечи, балам ызаланып келсе ачуум менен келбедимби, - Атыр күлүп ыңгайсызданып кетти.

- Ошентели, ойлонолу Атыр, такыр болбосо Русланга кыз жокпу, чекесинен чертип алса болот, - деди Акылбек, Айжан үн катпады.

- Биз силердей жакшы адамдар менен куда бололу деген элек, анын үстүнө бири-бирибизди түшүнөбүз.

- Кудай болуу жолдору көп Атыр, кызың чоңоюп келе жатат, өзүң айткандай ал да биздин көз алдыбызда өстү, Эрнисибиз турат, биз куда түшсөк болот, эмнеге болбосун? - деди Акылбек күлүп.

- Туура-туура, - Атыр ошенткени менен Эляга жолоткусу келбегендей түшүндү, бирок Акылбек анын айтканын эп көргөн жок, бир аз отуруп анан кетти Атыр.

- Акылбек, эмнеге Эрнисти аралаштырдың: - деди ал кеткенден кийин Айжан.

- Өзүң ойлосоң, эки кызыбызды кантип бири-биринен бөлөбүз, Гүлүнүн жигитине Эляны берип койсок алардын ортосу сууп калбайбы байбиче.

- Андай болбойт, Руслан менен Гүлү кыз-жигит болгон жок, сүйлөшпөгөндөн улам ал макул болбоду Акылбек, эгерде Эля макул болсо бериш керек, алар эч качан бири-бирине суубайт, боло берет.

- Сен ошондой, - деп ойлойсуңбу?

- Ооба, анын оюн бил, телефон чалып акырын сүйлөш.

- Макул байбиче адегенде Гүлүнү чакырайын, - деп айжан Гүлжамалдын бөлмөсүнө баш бакты, - Гүлү, чай-пай ич кызым.

- Азыр апа.

- Бол кызым.

- Бара жатам, - деп Гүлжамал чыга келди.

- Кызым, иштериң кандай? - деди Акылбек аны көрүп.

- Жакшы ата, - деп ашканага өтүп кетти, ыйлаганын байкашты экөө тең, тамактанып бүткөн соң Гүлжамал идиш аякты чогултуп үстөл үстүн жыйыштырып жаткан6да:

- Кызым, сүйлөшсөк болобу? - деди Акылбек.

- Макул, айта бериңиз ата.

- Русланга жок деп койдуңбу кызым?

- Жок дебедим, бир жыл күтө тур дедим ата.

- Ыраспы?

- Сизге калп айтмак белем?

- Түшүндүм, - деди да Акылбек ашканадан чыгып телефонго барып Жапаркулдун үйүнө чалды, - Алоо, мага Русланды жөнөтүп койчу Атыр.

- Эмне болду Акылбек?

- Сүйлөшө турган сөз бар.

- Макул-макул азыр жөнөтөм, - Атыр телефонду коюп койду.

- Ким? - деди Жапаркул.

- Акылбек, Руслан менен сүйлөшөм дейт.

- Сүйлөшсө сүйлөшсүн.

- Жиберейин, - деп Атыр өзүнчө ойлонуп алды: "Эмнеге чакырды экен, Гүлү балким кайра ойлонгондур, эгерде ал макул болсо дароо эле киргизели, бир жылга чейин күтүп жүрө бермек белек, ал анын жок дегени да, көңүлү болбосо баламды ага жалдыратпайм", - деп ойлонуп Русланды Акылбектикине жөнөтүп өзүнчө кыжаалат болуп жатты.

Көп өтпөй эле кайра келип калган баласын көрүп таңгала карады.

- Апа, Гүлжамалдын шартына көнүүм керек экен, - деди ал апасына.

- Эмнеге?

- Анткени ал дагы мени сүйөт экен, анын карьерасына тоскоолдук кылбай ага чейин сүйлөшүп турушум керек.

- Эми кызык болбодубу, келин алабыз, - деп дүргүтүп туугандарды дагы чакырып койдук эле.

- Байбиче, ар бир иштин убакыт сааты болот эмеспи, бир жыл деле эми эле өтүп кетет, - деди Жапаркул.

- Ай байкушум ай, ага да буга да макул боло бересиң, деги бир өзүңдүн чечимиңди айта турган күнүң болобу ыя?

- Эмне кыл дейсиң, өзүң Айжандын кызын алабыз деген.

- Жакшы кыз болсо келин кылып алалы, - дедим да.

- Эмесе чыда, жакшы көз күтсүн деген тура.

- Сен эмне дедиң анан? - Атыр Русланга кайрылды.

- Кеңешип көрөйүн. - деп айттым.

- Ой келесоо десе, сен дагы атаңды тартып өзүң чечкенди билбейсиң, андан көрө күтө албайм дебейт белең.

- Апа, мен Гүлжамалды сүйөм, ал канча күт десе күтөм!

- Эмне? - Атыр делдээ карап калды.

- Ошо, мен Гүлжамалды сүйөм, сиз эмнеге Эляны бергиле дедиңиз эле?

- Болуптур, аны унут балам, - Атыр кайсактай ары карады. Ошентип алар күтмөк болуп калышты, эки күндөн кийин сөйкө салып ырым-жырымын жасап: "Кыздын башын байладык, эми ал эч кимге кетпейт", - дегендей эс алып калышты. Элч эки күндөн кийин Эля Акылбекке чалды, экөө сүйлөшүп ал Гүлжамалдын бир жыл күттүрүп койгонун угуп таенесиникинен бат эле келип калды. Бирок ал келгенден кийин Гүлжамал андан Русланды кызгана баштады: "Бул сөзсүз бузушу мүмкүн, Русланды ага жолуктурбашым керек, болбосо тартып алып элге уят болом", - деп ойлонуп күндө жумушунда жүргөндө Русланга чалчу болду. Бир жолу колу бошой калганда чалып:

- Руслан кандайсың? - деди эле ал:

- Гүлү, Эля үй жыйнап жатыптыр, диван жылдырышып жатам, - деди.

- Үйдө апам жок бекен?

- Жок, Эля жалгыз экен.

- Болуптур, - деп дароо өчүрө салды, Руслан унчукпай туруп калганда:

- Эмне болду, Гүлү чалдыбы? - деп сурады Эля.

- Ооба.

- Эмне дейт?

- Бир жерге барабыз келип кал дейт Эля, мен кеттим, - деп шашылып чыгып кетти.

- Шүмшүк, - деген Эля жини келип кала берди, ошол саатта Руслан кайра-кайра чалып анын телефонун алдыра албай жинденип үйүнө барбай көчөдө басып жүрдү, кечке маал ага чалды эле:

- Менден эмне керек? - деди алып.

- Гүлү, каердесиң мен барайын.

- Кереги жок, мен жалгыз эмесмин, - деген ызалуу үнү угулду.

- Таарынбачы эми, ал чакырды, мен бардым.

- Биротоло кирип ал! - деп дагы өчүрүп койду, бирок Руслан кубанычы койнуна батпай толкунданып кетти: "Мени сүйөт экен, ошол үчүн кызганып жатат, сүйөт экен, ал мени сүйсө кылымга дагы күткөнгө кудуретим жетет", - деп ойлонуп үйүнө келе жатканда Элядан смс келди: "Эмне колуктуңдан коркуп калдыңбы, сен антип аппак көрүнгүң келгени менен анын эмне кылып жүргөнүн кайдан билесиң", - деген: "Мен ага ишенем, Эля сени анын сиңдиси катары сыйлайм", - деп жооп жазды Руслан: "Ишеничиң жек көрүүгө айланбаса болду", - дептир кайра: "Эч качан андай болбойт, мен аны кылымга чейин күт десе дагы күтүүгө даярмын", "Сен өмүрүңдү жалган ишеним менен өткөрүп ийсең ал жыргап көрүнгөн менен көңүл ачып жүрө бергенин каалайсыңбы, андан көрө жаштыгыңды текке кетирбесеңчи", - деп жазганда жини келип жооп жазганды токтотуп койду: "Деги бул кыздын эмне каалаганы бар, менден эмнени күтүп жүрөт, Гүлүгө кылдай жакшылык каалабайт экен да", - деп ойлонуп үйүнө келди.

Гүлжамал бир күнү өзүн чакырган бизнесменге жолукмак болуп жөнөп калды, ошол учурда ага киного бирге тартылган Атай деген жигит чалып жатыптыр: "Кызык, ал кайдан тапты номеримди, киного тартылгандан бери бир топ өттү, эстеген экен", - деген ойдо:

- Алоо, - деди Гүлжамал, - Угуп жатам, ким экен?

- Гүлжамал, жолуксак болобу?

- Мен азыр бошой албайм.

- Анда эртең.

- Убактым жок Атай, айтаарыңды айта бер азыр.

- Жолуксак бирге түшкөн ролдорду эскерсек кандай болот?

- Мен жолуга албайм Атай, менин күйөө жигитим жанымда болот.

- Эмне сенин күйөөң барбы?

- Жо-ок, эми чыгам, уже кудалап койгон.

- Өкүнүчтүү, бирок баары бир жолугалычы.

- Айттым го, убактым жок, - Гүлжамал телефонун өчүрүп койду, андан кийин чырылдаса да албай биротоло өчүрдү да кабылдамада болду. Бекмат Өмүрканович аны ачык маанайда тозуп алды:

- Кел-кел Гүлжамал, да учурунда келдиң.

- Кандайча агай?

- Мен кечээ россиялык режиссер менен сүйлөштүм, эки күндөн кийин Москвага учушуң керек, сен сценарийи менен таанышып көрүп жакса ал жакта калып киного тартылышың керек.

- Эмнеге, бир жыл жүрөмбү? - Гүлжамал алая карады.

- Ооба, анткени күздө, кышта ар кандай сезондо тартууга туура келет экен, сен адашып ал жакка барып алып көп азап тарткан кыргыз кызынын ролун жаратышың керек, эгер ийгиликтүү болуп кетсе биротоло ал жакта калып калууң мүмкүн.

- Агай...

- Болду Гүлжамал, каражат жагынан кам санаба, баарын өзүм чечем, ал жактан сага отелден орун даярдатып бир жылга турганга сүйлөшүп койдум, - деди Бекмат Өмүрканович.

- Агай ата-энемдер жооп бербесечи?

- Сен өз карьераңды ойлосоң барууга тийишсиң.

- Айтып көрөйүн, рахмат агай.

- Жолуң болсун, эртең камын, бүрсүгүнү учакка отурасың.

- Жа-арайт, - Гүлжамал кабагын сала өйдө болду.

- Гүлжамал, мындай сунуш башка бирөөгө түшсө кандай кубанаар эле, сен чөгүп кеттиң, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганың туура эмес.

- Рахмат агай, мен барайын, - деп Гүлжамал кабинеттен чыгып жол бою ойлонуп келе жатты, ал маршруткага отурбады, тек жөө баскысы келип: "Мен туура жолдомунбу деги, эгерде менин кетээримди укса апам кандай акыбалда калаар экен, Акылбек атамчы, ал нааразы болот эми, эненин кебин укпаган акылсыз дейт го, барбай койсом эмне болот, анда менин бала кезден берки эңсеген максат-тилегимдин быт-чыты чыгат, күйөөгө тийем, бала төрөйм да жөнөкөй гана үйдүн аялы болуп өмүр өтөөгө туура келет, жо-ок андай болууга жол бербейм, мен бийиктикке умтулган бир кушмун, канаттарым талыганча өйдөлөй берүүм керек, сөзсүз ошентемин", - деп ойлонуп бара жатканда телефону чырылдап калды. Ал Руслан эле:

- Алоо угуп жатам, - деди Гүлжамал үнүн пас чыгарып, Русландын бакылдаган үнү угулду.

- Гүлү кандайсың?

- Мен үйгө бара жатам.

- Канча убакытта келесиң?

- Билбейм, жөө бара жатам.

- Каерде келе жатасың, өзүм барам.

- Жок, мен жөө баскым келет...

- Сен жакшы элесиңби?

- Жакшы элемин, кабатыр болбо.

- Капа болгонсуңбу?

- Жо-ок, тескерисинче кубанычтуумун.

- Кубаттайм, каерде экениңди айтсаң аттап өтөлү.

- Убара болбо Руслан, мен үчүн кубанычтуу, сен үчүн жагымсыз.

- Неге андай?

- Мен бүрсүгүнү Москвага учам.

- Эмнеге?

- Сага бир жолу айткандай болдум эле...

- Анда чогуу кетебиз.

- Болбойт, жалгыз мага жатакана брондолуптур.

- Мен сага жолугайынчы, анан сүйлөшөбүз, - деп Руслан өчүрүп салып кыжаалат боло унаасын айдап Акылбектин үйүнүн жанына келип токтоду, канча күткөнү белгисиз отургучуна чалкалап жаткан бойдон катуу уктап кетиптир, саатын караса түнкү бир, үйүнө барып жатып алды, түн катып алардын үйүнө барууну туура көрбөдү. Эртеси эрте туруп алып унаасын айдап кайра келди да күтүп отурду, бирок Гүлжамал эмес Элмира чыгып аны көрүп басып келди:

- Үзүлбөгөн үмүттөр! - деди ал жылмая, - Күтүүдөн тажабадың го?

- Эля бирөөнүн ишине кийлигишпесең болмок.

- Кантип, көрүп туруп чыдай албайм.

- Мейли, мындан ары көзүңдү жумуп ал.

- Көзүңдү чо-оң ачсаң болмок, өзүңдү сүйгөндү көрбөй сүйбөгөнгө сүйкөнбөй, - деди да мыскылдагандай күлүп коюп басып кетти, Руслан анын сөзүнө жини келип түз эле үйүнө кирип барды, Айжан аны көрүп эле:

- Кел балам кел, - деди.

- Гүлү үйдөбү?

- Уктап жата балам, ойготоюнбу?

- Ооба, мени келди десеңиз.

- Сен ашканага кире бер балам, мен Гүлүнү ойготоюн, - деп Айжан анын бөлмөсүн акырын ачып кирсе ал уктап жатыптыр, - Гүлү тур кызым, Руслан келди, күтүп жатат.

- Таң атпай эмне келди эми, - Уйкусурай көзүн ачты.

- Келсе сүйлөш, ал сенин болочок күйөөң да кызым.

- Азыр турам апа, - Гүлжамал эптеп туруп кийинип сыртка чыкты, бети-колун жууп анан үйгө кирди, - Кандайсың?

- Жакшы, өзүңдүн ишиң кандай?

- Баары жакшы.

- Сыртка чыксаң сүйлөшөлү.

- Макул, - Гүлжамал аны карабай туруп жооп берди.

- Күтөм, - Руслан чыгып бара жатканда Айжан алдынан чыкты.

- Кетип бара жатасыңбы балам, чай ичсең боло?

- Жок, рахмат апа, Гүлү менен сүйлөшүп алайын дегенмин.

- Жөн жай элеби?

- Ооба-ооба, жөн жай эле, - Чыгып кетти, Гүлжамал апасына эчтеке айта элек болчу, кирип жанына отурду.

- Бүгүн үйдө болосуңбу кызым?

- Ишим көп апа.

- Дегеле үйгө токтобой калдың го?

- Апа, кызыңдын белгилүү адам болушун каалабайсыңбы?

- Бул жаатта эмес, башка чөйрөдөн көргүм келген.

- Каршысың, түшүнөм аны, бирок менин жүрөгүм ошол чөйрөнү каалап жатса эмне кылам апа?

- Эми болоору болду, түйшүктүү да анан...

- Эмне анан?

- Сөзгө жакын ишке кириштиң го кызым.

- Капаланба апа, бир кезде үзүрүн көрөбүз.

- Көр кызым, аракет кылсаң берекет деген эмеспи, эне баласына жамандык кааламак беле, болгону жаман сөздөн алыс болсун дейм да.

- Апа, түшүнсөң боло, эмнеге жаман сөз ээрчимек эле?

- Көрүп, угуп эле жүрбөйлүбү, тигил ырчыны тиги депутат колдоптур, анысын бир депутат көтөрүптүр, дагы бири токолу болуп жашыруун жашайт экен деп, ошондон кудай сактасынчы, - Айжан кейий идиш аягын жыйнап кирди, Гүлжамал туруп кетти, Руслан аны күтүп турган, аны унаага отургузуп алып айдап жөнөдү.

- Кайда барасың Руслан, ушул жерден эле сүйлөшпөйлүбү?

- Бир жерге барып жай сүйлөшөбүз.

- Менин иштерим бар, бир жакка баруум керек.

- Каякка?

- Съемка...

- Сени мен өзүм алып барам.

- Руслан, айтаарыңды ушул жерден айтчы.

- Шашып жатасыңбы?

- Ооба, ишим ошондой.

- Макул, - Руслан унаасын токтотуп ага бурулду, - Кана эми сен сүйлө, кечээ бир нерсе дегендей болдуң эле.

- Москвага чакыруу алдым.

- Анан.

- Эртең кетем.

- Канча убакытка?

- Бир жылга.

- Демек бир жыл жүрөт экенсиң да?

- Ооба, анткени кино ар бир сезондо тартылат экен.

- Гүлжамал, - деди Руслан ага жай гана, - Мен бирге барайынбы?

- Болбойт, анткени мени гана чакырды, ал жактан баардык шартын ылайыктап даярдап коюшуптур, баарын өздөрү төлөшөт экен, мындай шарт кийин болобу болбойбу ким билет, мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калуум керек Руслан.

- Эмесе мени ук, - деп Руслан аны ызалуу карады, - Жолуң болсун, кайда болсоң аман бол Гүлжамал, мындан ары өз тагдырыңды өзүң чеч, мен сени тааныбайм, сен мени тааныбайсың, арада болуп өткөн окуя жөн гана сөз боюнча кала берсин, бактылуу бол! - деди да унааны от алдырып кескин артына буруп катуу айдап келип үйүнүн жанына токтотту, - Эми бара берсең болот!

- Руслан, мени түшүнбөй калдың.

- Түшүнгүм да келбейт!

- Кечир мени, сага жакшы колукту боло албадым, - деди да мисирейген бойдон түшүп кылчайбай үйүнө кирип кетти.

- Акмак! - Руслан рулду бир муштап алып унаасын айдап кетип калды, Гүлжамал аны ойлогону менен бир чечимге келип алган эле, артка кайта албайт болчу, үйгө кирип кийинди да чыгып кетип керектүүлөрүн алып даярдап коюп үйүнө келди. Эртеси эч кимге айтпай учуп кетти...

Элмира капысынан эле Абай менен таанышып калды, компьютердик курста бүтүп жаңы эле ишке киришкен Абай дагы кытай тилин үйрөнүүгө курска келген экен, Элмиранын үч айлык курсу сертификат алып чыккан, экөө жолугуп сүйлөшүп калышты, ошондон баштап телефондун жанын тындырбайт, күн-түн дебей чалып, СМС жөнөтүп, жолугууга чакыра берет. Элмира ага адегенде анча маани деле берген жок, экөө жолугуп кафелерде отурушту, сейил бакта бирге басышты. Бир күнү ал:

- Элмира, мен сага бир сөз айтсам угасыңбы? - деди жылмая.

- Айта бер.

- Айтам деп канчалык аракет кылсам дагы айта албай жатам.

- Эмнеге, кандай сөз айткың келди эле?

- Элмира, мен сени...

- Айта бер, - Элмира ого бетер шаштырып туруп алды.

- Мен сени...

- Киного чакырайын дедиң беле?

- Жок, мен сени...

- Ой кудай жалгагыр, жөнөкөйдө дегеле сөзмөр, чеченсиң го, эмнеге эле такалып жатасың? - Элмира ага күлүмсүрөй карады, - Бол эми, болбосо кетип калам.

- Элмира, сени жолуктургандан бери эле жакшы көрүп калдым, кыскасы сүйөм, - деди Абай ага суроолуу тигиле:

- Эмне-е?! - Элмира аны саамга карап туруп: "Гүлжамалды көргөндө сөз дагы таппай калам, эмне экенин билбейм аны катуу сүйөм", - деген Русландын сөзү кулагына угула отура берди, - Эмне дедиң Абай?

- Мен сени сүйөм Элмира.

- Мүмкүн эмес! - Элмира ордунан тура калды.

- Жигитиң барбы Элмира, андай болсо ортоңорго тургум келбейт, - деди Абай сабыры суз, - Сүй мени, - деп кыйнабайм.

- Абай, мени таңгалдырдың.

- Жүрөгүңө буйрук бере албайт экенсиң.

- Абай, биз кечээ жакында эле тааныштык го?

- Сүйүүгө эски тааныш, же жаңы тааныштыктын кереги жок да, жүрөк сүйүп калса арга канча, мен сени бир көргөндө эле сүйгөнмүн.

- Ошондойбу? - Элмира томсоро ага суроо узатты.

- Мейли, мени сүйбө, менин өзүңдү сүйөөрүмдү билсең болду...

- Капа болбо Абай, балким жөн эле келип кетчү нерселер, жакшы көрүү менен жактыруу башка, ал эми сүйүүнүн ар түрү бар туурабы?

- Туура, аны да түшүнөм, бул менин жүрөгүмдүн сүйүүсү Элмира.

- Ма-акул, сүйлөшүп жолугушуп дос болуп калалы, ал эми сүйүү темасын кийин көрөбүз, бир аз байкап көрөлү туурабы Абай?

- Сен айткандай болсун, жанымда жүрсөң болду.

- Жакында Кытайга кетем.

- Чогуу кетебиз.

- Окууңду бүтпөй элеби?

- Жолдомом бар.

- Чын элеби?

- Ооба, сага жолугуп калып кете албай жүрөм, Элмира ата-энең, бир туугандарың барбы?

- Ата-энем бар, кийин толук айтып берем, бир иним бар.

- Жакшы, а менин ата-энем мени гана...

- Жалгызсыңбы?

- Азыр-азыр чындыгын айтам, - Абай суудан ууртап алды, - Менин атам бирөөнүн жалгыз баласы экен, апам экөө үйлөнгөндө жетим калыптыр, кийин апам төрөттөн өлгөндө таенем мени төрөтканадан эле бага тургандарга берип койгон тура, анткени апам дагы жалгыз таенесинин колунда чоңоюптур, ошол кезде чоң таенем сексен бештеги кези болсо керек бага албасына көзү жетип кор кылбай турган бирөөгө берген экен. Азыркы ата-энем балалуу болушпаптыр, колунда бар экен, ошентип мени багып алыптыр...

- Кайда турасыңар? - деди Элмира боору ооруй.

- Орто-Сай айлында, үй-бүлөөлүк дарыгерлер, өздөрүнүн клиникасы бар.

- Өкүнүчтүү, бирок жакшы турат экенсиңер.

- Чынында ачык айткым келди, өз ата-энемдин ысымдарын, кайдан экенин да билбейм, - Абай жер карай отуруп калды.

- Абай капаланбачы, - Элмиранын ыйдагысы келип кетти, - Менин да төрөгөн апам өлүп калыптыр, азыркы апам өгөй, бирок өгөйлүк кылган жок, мама, - деп чакырам, иним ошол апамдан.

- Эмесе бири-бирибизди билип алдык окшойт.

- Ошондой, - Элмира күлө карады.

- Ата-энем сүйлөшкөн кызың болсо тааныштыр, үйлөнтөлү, - деп жатышат, балким үйгө барып алар менен таанышаарсың Элмира.

- Абай, шашканда эмне, кийин көрөбүз.

- Сен мени жактырбайсыңбы?

- Ойлонуп көрчү Абай, жаңылып калуудан коркпойсуңбу?

- Сени сүйүүдөн коркпойм, анткени ички сезимим сени каалап жатат, кыскасы өкүнбөйм.

- Бир аз сүйлөшүп туралы, бири-бирибизди түшүнүшөлү.

- Жарайт, - деп Абай жарк этип эмелеги жүзүндөгү муңаю кайда кеткени билинбей Элмирага күлө карады, - Мен сени сүйөмүн, ушуну унутпа.

- Унутпайм, - Экөө кафеден чыгып коштошо эки бөлүнүштү, Элмира үйүнө келип бөлмөсүнө өтүп бара жатып Айжандын ыйлап отурганын көрүп ага жакын келди, - Мама, эмнеге ыйлап жатасыз?

- Ыйлабаганда кантем, Гүлү мага айтпай Москвага учуп кетиптир, бүгүн телефон чалды.

- Эмнеге кетиптир?

- Ошол жактан киного тартылат экен.

- Эмнеси жаман мама, таланты болсо, алдыга койгон максатына жеткенге не жетсин, ак жолу ачылсын, капа болбоңузчу, - Отура калып жашын колдору менен аарчып бетинен өптү, - Андай шанс баардык адамдарга эле табыла бербейт мама, туура түшүнүп ийгилигин каалаңыз, - Элмира ушул жолу Гүлжамалдын эрктүүлүгүнө ыраазы болуп турду: "Азамат, карьерасын көтөрө берсин, балким анын ордунда мен болсом Русланды тандап кала бермекмин, туура кылыптыр, бактылуу бол эжеке, балким менин кара өзгөйлөнүп сүйлөгөндөрүмдү кечирээрсиң, жолуң ачык болсун", - деп ойлонуп жатты.

- Кызым, тааныбаган чоочун элде кантет, эми кытайга сен да кетсең атаң экөөбүз Эрнисти караан тутуп силерди ойлоп ичкенибиз ирим болуп отурат экенбиз да.

- Мама, капаланба, мен кетсем күйөөм менен кетем, - деди Элмира аны кубантуу үчүн, бир ою: "Балким кубанбас, менин күйөөгө чыгаарымды укса ичи күйөөр", - деп да турду.

- Эмне дейсиң кызым, бул чыныңбы? - Айжан Элмирага ишенип-ишенбей карап калды.

- Ооба мама, мен турмушка чыгам.

- Оозуңа май, бактылуу болсоң болду садага, - Айжан Элмираны бооруна кысып чекесинен өптү, - Бактылуу бол кызым, бала кайдан экен7

- Орто-Сайлык экен.

- Бул эле жерде тура, атаң укса кандай кубанаар экен.

- Мама, атама айтпай туруңуз, мен уруксат бергенде айтасыз сүйлөштүкпү? - деди Элмира күлүмсүрөй.

- Макул кызым, сен айткандай болот.

- Мен анан Гүлүгө чалып сүйлөшөйүн, сизде номери өчкөн жокпу?

- Жүрөт, мындан ары ошол номерде болом деди го?

- Болду анда, өзүм сүйлөшөмүн.

- Ошент кызым, кайра келүүгө көндүрүп көр.

- Макул мама, сөзсүз сүйлөшөм, - Элмира Абайдын сөзүнө ишенимдүү болуп турду: "Мен сүйбөсөм ал мени сүйөт, демек анын сунушуна мен макул болушум керек, атамдарды капа кылбай бул үйдө той боло турган болсун, Гүлү келбесе дагы иши илгерилей берсин", - деп ойлонуп ашканага кирип өзү тамак жасамак болду. Көптөн бери таптакыр ашканага кирбей калган, Айжан өзү деле Гүлү экөөнү жумшаган эмес, баарын өзү жасап көнүп калган... Ошондон эки күн өтпөй Руслан алардын үйүнө келди, Айжан базарга күйөөсү менен баласына тамак жеткирип кеткен.

- Эля кандайсың?

- Жакшы.

- Көптөн бери көрүшпөй кеттик.

- Өз-өз түйшүгүбүз бар эмеспи.

- Ошондо да... Эля бир жакка чыгып келбейлиби?

- Колум бошобойт, окууга даярдык көрөм.

- Көп болсо бир-эки саат.

- Бир-эки мүнөт мен үчүн зарыл болуп турат.

- Баягыдай эмессиң.

- Кандай элем?

- Менимче Гүлүгө ичиң тарычу эле...

- Жаңыласың, эжесине ичи тарыган сиңдини кайдан көрдүң эле?

- Чындап өзгөрүпсүң.

- Убактымды алып жатсың Руслан.

- Кечир, балким кечинде чыгып келээрбиз.

- Түшүндүрүп айткандай болдум эле.

- Койчу эми, бир аз убактыңды бөлө албайсыңбы?

- Баятан берки алган убакыт дагы мен үчүн баалуу.

- Макул, дагы көрүшөбүз.

- Албетте, жезде болоруңузду билем.

- А мен Гүлжамал менен бүтүргөнмүн.

- Эмнеге?

- Мага атактуулукка жутунган аял эмес жөнөкөй гана аял керек.

- Аны өзүңөр чечесиңер, - деди Элмира ага карабай китеп бетинен көзүн албай отуруп, ошол учурда Эрнис келип калды, ал Руслан менен учурашып анан Элмирага кайрылды, Руслан чыгып кетти.

- Эже, мен баняга кеттим, тамак жасап коесузбу, кайра келгенде ичип алып кетем.

- Макул, барып келе бер, - деди Элмира. Ал кеткенден кийин тамак жасап жатканда Абай чалды, - Алоо угуп жатам, макул-макул, бүгүн эмес эртең жолугалы, ооба ошол жерде болом, - деп телефону өчкөндө коюп койду да ишин улантып: "Көрсө мен Русланды эч качан сүйбөптүрмүн, жөнөкөй гана балалык кезимден берки ыза мени ошого алып келген тура, Гүлү менен ушунча жыл бирге чоңойсок дагы мамиле кылбадым, неге андай кылдым? Мурда ал абдан ак көңүл, бат алданган, анан өтө назик эле, менин терс кыялым аны чоңойгондо өзгөрттү, бекер кылган экенмин, тагдыр менен эсептеше албайт турбайбы адам баласы, апамдын өлгөнүнө кимдир бирөө күнөөлүүдөн бетер тагдырымдан өч алгым келдиби? Руслан эми мага таптакыр башкача көрүнө баштады, Абайга жолукканы мен өзүмдү тааныдым, ал менин тагдырым экенин сездим", - деп ойлонуп жатты. Эрнис келип тамак ичип анан базарга кетти, түгөнбөгөн санаанын кучагында отурганда кайра телефону чыр этти, караса башкача номер:

- Алоо, угуп жатам, - дегенде Гүлжамалдын үнү угулду.

- Эля кандайсың?

- Жакшы, өзүңдүн иштериң кандай?

- Баары жакшы эле, бирок сценарий жакпай жатат, келип алып кайра баш тарта албай жатам, атамдар кандай, Эрнис атама жардам берип жатабы, апамдар мага капабы Эля?

- Жакшы эле, капа болсо жазылат да, сен өз жолуңдан кайтпа, умтулган нерсеңден артка кайтканың болбойт, эч кам санаба Гүлү.

- Эля, сенден суранам, менден өтсө кечир, алыста жүргөндө гана жакын адамдарыңды эстейт экенсиң, сүйлөшкүң келет, баса сценарийде мен кыргыз кызынын Орусияга келип алып кордолгонун, тарткан азабын ойношум керек экен, эмки жумада баштайбыз дейт, бирок жашоом ойдогудай, өздөрү унаа менен алып кетет, жашаган бөлмөм комфорт, бир гана ролумдан айнып турам, баса мурунку кинодо бирге тартылган Атай деген жигит дагы мени менен ойнойт экен, көрсө аны дагы чакырыптыр, макул анда жакшы тургула, - деп өчүрүп салды.

- Демек роль ар кандай болот да, чыдашың керек эжеке, сен жылдыз болуп атактуулукка жетсең мен дагы сыймыктанам, - Элмира өзүнчө ушинтип кобурап алды. Эртеси Абай экөө жолугуп бирге тамактанып отурушту.

- Элмира, сунушумду ойлонуп көрдүңбү?

- Албетте.

- Кандай жооп ала алам?

- Макул.

- Чынбы? - Абай отурган жеринен тура калды.

- Абай, сага эмне болду отур, - Элмира эки жагын ыңгайсыздана карады.

- Эртең ата-энем менен үйүңөргө барабыз.

- Эрте эмеспи?

- Жо-ок, кайра кеч, мен жыйырма алтыга карадым, атам карт бойдок болуп калба, - деп жатат, - Күлүмсүрөй кыздын колун кармады, - Мен бүгүн чексиз бактылуумун Элмира.

- Мен дагы.

- Эмесе атамдарды кубантайын, - Абай өйдө болду, - Кана кеттикпи?

- Кеттик.

- Мен сени жеткирип барам.

- Өзүм эле кетем.

- Мындан ары андай болбойт, - Кызга кол сунду.

- Болуптур эми, - Элмира ага колун берди, экөө жетелешип алып сыртта стоянкада турган унаага отурушту, келээр келгенче сүйлөшүп келишти, план түзүштү жаштык деген кандай сонун, бири-бирине кыналыша калып, бирде күлүп, бирде жылмайып үйгө дагы жетишти, - Келдик.

- Эмесе эртеңге чейин, - деп шашыла жөнөдү, Элмира анын артынан бактылуу жылмая карап турганда Руслан келип калды.

- Салам.

- Салам.

- Бир жакка барасыңбы?

- Келдим.

- Бүгүн бош болсоң...

- Жок, - Элмира аны сүйлөтпөдү, - Бош эмесмин.

- Эмнеге мынча өзгөрдүң?

- Мындай эмес элең.

- Кандай элем?

- Мени сүйгөндөй...

- Жаңыласың, бизди эрмектегиң барбы?

- Андай оюм жок.

- Анда сыйың менен жүр! - Элмира кирип кетмек болгондо Руслан колунан кармап калды:

- Бийкеч тура тур.

- Ишим чачтан көп.

- Анан бүтүрөсүң, бир суроо берем.

- Сура.

- Мени чын эле Гүлүдөн кызганчу элең.

- Андай эмес, мен экөөңөрдү бузгум келчү, бирок азыр ал ойдон алысмын, эжем менен бактылуу болушуңду каалайм.

- Эми кеч.

- Өзүң бил, - Элмира колун бошотмок болду эле ал кое бербеди, - Кое берчи!

- Сен мага чындыкты айткан жоксуң.

- Чындыкты айттым Руслан, азыр кое бербесең жардамга эл чакырам, - деп ачуусу келе колун тиштеп алды эле бошотуп жиберди.

- Колума акыры түшөөрсүң.

- Көрөбүз, - деп Элмира короого кирип кетти, ал киргенде Айжан жаркылдап тозуп алды:

- Кайда жүрөсүң кызым?

- Мама, атама эми айтыңыз, эртең келишет! - Энтиге сүйлөдү.

- Кудаларбы? - Айжан оозун басып калды.

- Ооба, эртең келмек болду.

- Анда мен базарга барып атаңа айтып камыналы, сен дагы барасыңбы?

- Ооба, бирок атамдан уялып жатам мама.

- Уялба кызым, - Айжан аны кучактап бооруна кысып, - Бойго жеткениң ушул, атаң кандай гана кубанаар экен дейсиң, ушундай жакшы күндү атаң экөөбүз аябай күтпөдүк беле?

- Ыраазымын сизге мама.

- Мен дагы кызым, бак берсин жараткан, экөө саамга кучакташып туруп көз жашы кылып да алышты, анан базарга жөнөп ал күнү даярданып баарын камдашты. Чиркин десең пулу барга кулуң болоюн деген заман эмеспи, базар менен дүкөндө баары турат, жок болсо кайдан, алдына мышык ыйлап жылдап бир конок күтө албай ойдогудай келин алып кыз бере албай аксап жаткандар канча. Ою жетсе дагы колу жетпей, айтылган убакта РАФ унаасы менен келип калышты. Болот менен Женяга Элмира абдан жакты, сөйкө салып анан бата беришип кийинки жумада свадьба менен алып кетүүнү макулдашып кетишти. Элмира чексиз бактылуу, Акылбекке Абай жагып калды, тойго камылга катуу жүрүп Акылбектин туугандары менен Айжандын эки сиңдиси менен жеңеси дагы келген. Руслан угуп алып туталанып жатты: "Элмираны ала качып аламын, үйгө келгенден кийин кетип көрсүн, мен экөөнүн оюнчугу болуп жүрүп кала бермек белем", - деп апасына айтты эле:

- Мээң барбы ой бала, сен ага эмес Гүлжамалга сөйкө салгансың, сенин бирөөнүн батасын бузгудай акың жок, бизди уят кылгың барбы ыя, тарбия бербептир, - деп наала кылбайбы уккан эл.

- Гүлжамал эми келмек беле апа?

- Келбей каякка бармак эле?

- Ал келбейт, эми келсе5 дагы аны албайм.

- Ийи, эмне болуп кетти?

- Көрүнгөн менен кинодо ойноп жүрсө кантип алмак элем, - деп Руслан буруя төркү үйүнө жатып алды. Болжогон күнү Элмираны Абай достору менен келип аппак лимузинге салып кетти, Айжан менен Акылбектер бир машинага толуп артынан жөнөштү, ошентип Элмира чексиз бактылуу болуп турмушка чыкты, дал ЗАГСтан чыкканда Гүлжамал чалып куттуктады, азыр алар телефондон эже-сиңдиден дагы ысык болуп сүйлөшүп калышкан. Акылбек кызынын жүзүнөн эле бактылуу экенин сезип өмүрү ыйлабаган көздөрүнөн мөлт эткен ыс-сык жаш кулады. Негизи эле эркектер чанда ыйлашат го, Айжан өз энесиндей кылыр жасагандарын сепке кошуп берди. Бактылуу үй-бүлөө, акыл-эстүү эрди-аял ошентип бир үй-бүлөөнүн баласындай өстүргөн балдарынын бирин турмуш жолуна узатышты. Эрнис эжесинин тоюнда чогуу болду, ал үчүн экөө тең бирдей болчу, Абай менен жакшылап таанышып сүйлөшүп жатты. Ошондон ары Элмираны үйүнө алып кетти Абай, Руслан ичи бышып жинин кимден чыгараарын билбей чабалактап жатып:

- Мен үйлөнөм, - деди чай ичип отурушканда.

- Кимге? - Атыр делдээ карады.

- Ким болсо ошол болсун, шаан-шөкөтү жок эле аял алам1 - деп үйдөн чыгып кетти.

- Ко-окуй Жапар, бирдеме десең боло, балаң бирдин ичинен чыгып жүрбөсүн?

- Чыкса чыгаар, боорсок жасап кое бер, калганын ала коебуз, - деп Жапаркул кенебеди.

- Жинди болгонсуңар го, ортодо улуу-кичүүнүн батасы бар, салттан тайып кетебизби катыгүн?

- Болоору болоор, сен да кылаарыңды кыл, аны эми токтото албайсың.

- Капырай, эми эмне болот, элдин бетин кантип карайм, Айжан байкуш сынып калат го, кызын чанып койгондой болобуз да, - Атыр чыйпылыктап жатты, Жапаркул унчуккан жок, Русландын айтканын кылаарын билгендиктен андан коркуп турушту. Кечке маал ызылдатып Ауидисин дарбазага киргизе айдап келгенде эки-үч коңшусу менен Жапаркул, Атыр болуп жарданып чыга калышты. Кызды эки жигит бакыртып эле үйгө алып киришти. Атыр Русланды четке чакырып алып:

- Кайдан, кимдин кызын алып келдиң? - деди ачууланып.

- Кимдин кызы экенин билбейм, сураган да жокмун.

- Сен ушу жинди болуп калган жоксуңбу балам, кокус ата-энеси сени сотко берсе кантесиң?

- Баарына кайылмын!

- Жинди болбо, ушундайда алып барып таштап кел.

- Ошо болчу беле?

- Болот, - деп көндүрө албай жатканда:

- Ай жеңе келинге жоолук салбайсыңбы? - деди бири аны чакырып.

- Эми эмне болот карангүн, - Атыр эбирей элден уяла үйгө кирсе татынакай кыз ыйлап отуруптур.

- Кызым, биз дагы сендей мөлтүрөгөн кыз болгонбуз, кыз ыргыткан таш деген, ушинтип эле ата-бабабыз тааныбаган үйгө барып бүлөө болуп калганбыз, - деп коңшусу Толкунбү эне кызды сөзгө келтирип койгон экен.

- Айла-анайын, башыңдан ак жоолук түшпөгөн ак жолтой келин бол, - деп Атыр кызга жоолугун салганда көзүнүн жашы төгүлүп тим болду, - Бактылуу бол садага, Русланым менен кармашкан колуңар ажырабасын.

- Ооба айланайын, эне көргөн кыз экен, улуунун сөзүн уккан жакшы тарбия алгандын белгиси, - деди бири шыпшына.

- Кудай кошконуң менен кол кармашып узак жаша балам, - дешип ар кимиси сүйлөп жатышты, Гүлназ жаңы гана мектепти бүткөн, атасы менен энеси жок, чоң энесинин колунда өскөн кыз өзү, мөлтүрөп эми жаңыдан бышып келе жаткан алчадай болуп сулуулугу эркек эмес аялдарды суктандырып турду: "Бечара, мөлтүрөгөн неме экен, унчукпай эле калды, ата-энеси кайдан болду экен, эми баш аягыбызды жыйнап ачуу басар жөнөтөлү", - деп ойлонуп Атыр чыр салбай эле отуруп калган кызга ичи жылып сыртка чыкты:

- Ай бала бери бас! - деди Русланга.

- Эмне болду, отурдубу апа? - деди баятан бери коркуп турган Руслан.

- Отурганы отурду, эми ата-энесин сурап ачуу басар жөнөтүшүбүз керек го, жанагы маң баш атаң кайда жүрөт ыя?

- Тигине, - деди күнөөлүү болуп турган Руслан.

- Ай Жапар бери келчи, - деп чакырып алды Атыр, - Ачуу басарга барчуларды даярдай бер.

- Макул байбиче, - Жапаркул ары басыт, Гүлназдан дарегин алышты да үчөө жөнөштү, ошол учурда Айжан элден угуп жоолугун көтөрүп келип калды, келинин көрүп бетинен өөп жоолугун салды:

- Бактылуу болгула, Руслан жакшы жигит айланайын.

- Ооба десең, кептин баары насипте тура, кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту деген ушул да, - деди Толкун кыйыта сүйлөп, ал кошуна болгондон кийин баарын билет эмеспи.

- Ооба десең, баары алланын буйругунда да.

- Пешенеге кандай жазылса пенде ошону көрөбүз, Руслан менен бактылуу бол садага, - деп Айжан эчтекени байкабаган болуп отуруп калды. Руслан Гүлназдын үстүнө кире албай сүрдөп жатты, аны эптеп киргизип достору алып келди, ошондо Гүлназ:

- Эмнеге мени жолдон алып келесиңер, кандай уятыңар жок немесиңер, мен жападан жалгыз бир кемпирдин кызымын, апам мени кайда кетти деп кабатыр болот, улуулардын сөзүн кайтара албай эле отурамын, мени жеткирип койгула! - деди

- Кой кызым, андай болбойт, биз үйгө баш киргизип жатабыз, башты эч ким ыргыта албайт, эми бул жерден кете албайсың балам, - деди Толкун.

- Эмнеге мени айтпай дебей ала качышат, жалгыз апам калды, - деп Гүлназ буркурап ийди, баарылап аны сооротуп калганда балдары менен Руслан чыга качты, эки-үч саатка жетпей ачуу басарга кеткен үчөөнүн барган унаасы менен сексен жаштагы Тоту эне келип калды:

- Бул эмне кылганыңар ыя, чычкандай кызды чыркыратып салып баса бергениңер кантип болсун, кана кызым кайда?! - деп кайкая басып келе жатканда баары жол бошото беришти, бир келин шашып:

- Бул жакка кириңиз, кызыңыз бул жакта, - деп эшикти ачып берди эле чоң энесин көргөн Гүлназ бакырып тура калды:

- Апа-а! - деп жетип кучактап ыйлап жатты, карынын көзүнөн жаш куюла небересин бооруна кысып сооротуп жатты:

- Аттиң, ата-баба салты бар экен чырагым, ушул кишенделген чагымда салтты, аттап өтсөм болбой калат го? - деди көз жашын аарчый, ал өзү дагы үй-жайы тың, жашоолору жакшы экенин көрүп көңүлү тына түшкөн эле: "Кыз ыйлап барат, тынып калчу жер экен, пайгамбар жашына барганда жалгызымды биерден алып кеткеним болбос, кудай багын ачсын", - деген ойдо отургандарга карады. Бул убакта Русландын жаны жай албай чый-пыйы чыгып алып кетип калабы? - деп достору менен сүйлөшүп бир четте турган.

- Арбагыла айланайындар, - дегенде кеп билген Толкун баш болуп ага ызаат көрсөтө төргө өткөрүштү, Гүлназ апасынын сырын билгендиктен ашыкча сүйлөбөдү, - Гүлназым жалгыз уулумдан калган туягым, мынча болду күйөө баланы чакыргыла, ак батамды берип кетейин, - дегенде бири эшикке жүгүрүп Жапаркул менен Атырды, Русланды ээрчитип кирди, - Кел бери айланайын, нике кайып деген ушул, колумдагы бапестеп баккан кушумду тууруңа кондурупсуң, ылайым бак карап кыдыр даарысын, үйүңөр базарга айланып эшигиңер гүлгө толсун, өмүрлүү болуп түбөлүк кол кармашып эчтекеден өксүбөй бактылуу өмүр сүргүлө оомийин! - дегенде баары жабыла бата кылышты.

- Каада-салтты сыйлаган сиздерге окшогон карылар азайып бара жатат, сиз акылман аял экенсиз, сиз дагы ушул балдарыңыздын жакшылыгына күбө болуп жүрө бериңиз, - деди Толкун.

- Мен жалгыз неберемдин бактылуу болушун гана тилейм, уулум белгисиз оорудан каза тапкан, келиним кийин өлдү, Гүлназды караан кылып, жаныма кубат болот, - деп багып өстүрдүм, жаңы эле мектепти бүтүргөн, айла канча эшик аттап киргенден кийин чыкпасын дедим, кийинкисине жакшы болоор, - деп ойлодум, эми мага уруксат бергиле кетейин, - деди Тоту.

- Кой кудагый, эч жакка кетпеңиз, эт бышып калды, - деди Атыр.

- Жо-ок кудагый, жол жобосу менен келемин, көөнүм тынбай жетип келип көзүм көрүп эс алдым, - Тоту Гүлназга кайрылды, - кызым, эми ушул үйдөн бак тап садага, көңүл кошкон жарың өзүңө ылайык бала экен, жаманга байлык үчүн байлангыча жакшыга көңүл үчүн жанаш деген, акыл айткан мен энең, аткарып сыйлаш сенден кызым, - деп бооруна кысып, чекесинен өөп туруп өйдө болду, - Мага жанагы балдарды кошуп бергиле, - деди. Аны карап алып Гүлназ үнсүз ыйлап кала берди. Тоту жолдо бара жатып иниси менен келинине, инисинин эң улуу баласына чалды, сиңдисинин кыздарын чакырды, алар жеткенче үйүнө баары келип союшун союп, дасторконун жайып даяр болуп турган экен, кабыл албай койгон ачуу басарды алып коноктоп кийит кийгизип анан жөнөттү. Жолдо келе жатып Жапаркулдун иниси:

- Ой Курманжан даткадай болгон кемпирлер бизди дагы эле бар экен, - деп калды жанындагы кудасына карап, - Абдан кайраттуу тура.

- Ошондой экен, эч ичинде толтура да мындай кайраттуу аялдар.

- Телефон менен сүйлөшкөнүн кара.

- Үйрөтүп койгондур да.

- Көзү жакшы көрөт экен.

- жалгыз кемпир экен байкуш, көзү көргөнү жакшы эмеспи.

- Мен дагы ошону айтып жатам да, кайраты кайрат экен, - дешип бакылдап барып келип калышты, Жапаркул менен Атыр мурда он беш миң сом берип жөнөткөн, кийин кемпирди көрүп, айтканын угуп кайра он беш миң кошуп койгон, бир чоң кой менен. Отуз миңди алганы менен кемпирде дагы байлык бар эле, аларды кетиргенден кийин иниси:

- Эже, Гүлназды эч кимге ыраа көрбөй өзүм келин кылып алайын, - деп жүрдүм эле, алып баса берсең болмок экен, - деди таарыныч кыла.

- Такен, биз бир тууганбыз садага, бир жетим кызды өзүң келин кылып алганча төркүн бол, жамандык жакшылыгында калдайып караан бол, жетимдигин билгизбе, бир атадан жалгыз болуп калды, кыздарыңды эже кылып ушуга бел болгула, - деди Тоту.

- Эжем туура айтат, - деди аялы Гүлай, - Гүлназ биздин кыздарыбыздан айрымасы жок, андан көрө аны жалгызсыратпайлы.

- Менин дагы сапарым карып, күн артына жашынып калган учурум, көзүм өтүп кетсе ошол кызды жетимдей кылбай барып тургула, эми тигил ачуу басарды эртең союп кызымдын тоюн өткөрүп кеткиле, - деди Тоту. Ошентип алар эртеси кууп бара турган болуп калышты. Руслан Гүлназдын жанына кеч достору менен кирди, кыз унчукпады, бака-шака түшүп отурушту, жакын келген Руслан:

- Атың ким чоң кыз? - деди жылмая.

- Гүлназ.

- Менин атым Руслан.

- Жакшы, кыздарга сүйлөшө албайсызбы?

- Неге антип сурадың?

- Ала качканыңызды айтам.

- Сүрдөдүм...

- Чын элеби?

- Ооба.

- Эмичи?

- Жүрөккө аш барып калбадыбы.

- Кантип?

- Кайненем келип... - Экөө шыбырашып отурушту, Атырдын өпкөсү көөп ал турган, бул турган туугандарына айтып жатты. Жапаркул болсо ал сүйлөсө угат, аткарат жеринен момун жан. Алар эми "Манастан Чубак кем бекен", - дегендей үлпөт той өткөргөнгө даярданып жатышты... Айжан жаман абалда калды, Гүлжамалга таарынып: "Эмнеге тилимди албадың, жаныма жакын жан кызым, көп элдин көзүнчө мени сөзгө сындырдың, жаркылдап күйөөгө тийип бала-чакалуу болуп көөнүмдү тындыргандын ордуна элден-жерден безип алыста жүрөсүң, эмнеси болсо да аман болсоң экен", - деп ойлонуп жатты. Кийин ал керээлден кечке үйдө жалгыз калгысы келбей Акылбектерге барып жардам берчү болду, Эрниске кудай берип кыздар менен сүйлөшүп ар жак бер жакка кетип калат...

Канатбектин агасы анын малдарын карачу, ата-энеси кары болгондуктан баардык иш анын мойнунда эле, Сайра экөө түндөп жол жүрүп таң атканда жетип келишти. Маратбек куштан мурун ойгонуп малын толуктап, эки жагын карап түгөлдөгөнгө көнүп калган. Инисин көрүп утурлай басты:

- Жайчылыкпы деги? - деди кол алыша учурашкан соң.

- Кайдан, Чынгыздын табы жок, мал сатпасак болбойт.

- Эмнеси ооруп жатат?

- Башында шишик бар, - дейт.

- Ка-ап, жакшынакай эле жүрбөдү беле?

- Оору деген айтып келбейт экен аке, - Сайра бышактады, - Аман болсо эле болду...

- Коркпо балам, үйгө киргилечи сүйлөшөлү.

- Бир аз эс алып алалы, - деди Канатбек, - Жолдо көзүм жумулуп зорго эле келдим.

- Этият бол, жолдо уйку жаман, - Ээрчише үйгө киришкенде аялы Жийде эми туруп жаткан.

- Келгиле, таң атпай кайдан? - деди ал.

- Иш бар жеңе, азыр сүйлөшөбүз, - деди Канатбек чарчагандай.

- Жеңе Чынгыз ооруп жатат, - деп Атыркүл ыйламсырады.

- Тынчылык эле болсунчу, эмне болуп ооруп калды ал?

- Мен бир нерсени ойлондум, - деди Маратбек, - Аны операция кылбай эле биерде бир жакшы табып бар, ошол өткөндө тигил Сапарбекти айыктырган.

- Эмне кылат экен ал?

- Тамыр кармап чөптөн дары жасап берет, башы айланабы?

- Ооба, туруп-туруп эле эчтеке билбей жыгылып калып жатат.

- Анда коркпогула, дал ошондой ооруну айыктырат, телефон чалсаңар мен баланы ала келгиле дебейт белем, көп кечикпей алып келиш керек, - деп Маратбек улуу баласын ойготуп унаасын айдатып шаардагы ооруканага жөнөттү, кечке маал аны алып келип табыпка алып барышты эле:

- Айыгат, - деди шар эле, - Бул андай шишиктен эмес, көп ойлонгондон болгон оору, мен дарыларды беремин, он беш күнгө жетпей сакайып кетет.

- Оозуңа май айланайын, баламдын жаны аман болсо болду, - Сайра безилдеп ийди.

- Эч коркунуч жок, балаңыз аз күндөн кийин эле так секирип кетет.

- Айтканың келсин, кудай сенин колуңдан шыпаасын берсин, - деди Маратбек. Гүлсүнайды кошо ала келген, эки күндөн кийин Канатбек менен Сайра кетип Чынгыз менен Гүлсүнай калып калды. Күндө өз маалында ачкарын чөптөн жасалган дарыдан берет, андан кийин табыптын айтканы менен салкын абада басып сейилдеп жатты, он күнгө жетпей Чынгыздын башы айланганы жоголуп кадимкидей болуп калды, табып эки-үч күндө тамырын кармап көрөт. Он күн дегенде Артиз менен Алмаз аялдары менен келип калышты, аларды Маратбек кой союп коноктоду. Алар өздөрүнчө акча чогултуп Чынгызды ооруканага жатып калса керектелет дешип келишкен, аны Чынгыз албай койду:

- Балдар, мен эми жакшымын, алыска барган жокмун, демек зарылчылыгы жок, силерге ыраазымын.

- Мунуң болбойт Чыке, биздин назарыбызды оорутпа, - деди Артиз.

- Ошо, биз сенин ден-соолугуң үчүн алып келдик, чын пейилибизден бергенибизди албасаң анда сенин бизди тоотпогонуң, - деди Алмаз, аргасыз алып күлүп калды Чынгыз.

- Достор, убара болбосоңор болот эле, мейли эми.

- Биздин достугубуз бир туугандан дагы ашык десем жаңылышпайм, - деп Артиз ага карады, - Албетте мунум ашыкча болду окшойт, бирок биз бири-бирибизге ошондой элебиз да.

- Эми ден-соолук кандай Чыке?

- Жакшы, медицинанын алы жетпегенге өзүбүз өскөн, тебелеп жүргөн чөптөрдүн, алардын дарылыгын билген карапайым адамдардын акылы жетип, кеспей ачпай эле сакайтып кое турган күчүнө таңгалып турам.

- Жакшы экен, кыскасы бизди коркуттуң.

- Оору деген ошол экен да, өзүм деле билбей калдым.

- Ушу сен Гүлсүнай үчүн эле ооруп калдың го? - деп Айпери тамашалап калды, - Экөөңөр эми эки бөлүнбөгүлө.

- Ооба десең, ошого эле ооруптур да, мына эми Гүлсүнай жанында турат сакайып кетти, дарысы эле сен экенсиң да, - деп Марина Гүлсүнайга карап көзүн кысып ымдап койду. Тамашалашып көпкө отуруп ал күнү жатып калышты, эртеси Маратбек аларды жайлоонун болуп турган жериндеги боз үйүнө алып барып дагы союш сойду. Үч-төрт күн жайлоолор козунун эти менен кымыз ичип анан кайтышты. Чынгыз менен Гүлсүнай лечениеси бүтө электигине карап кала берди, табыптын айтканы менен болуп бир айдай жүрүштү, кийин Артиз менен Алмаз өздөрү келип кетип турат. Качан гана табып жооп бергенде шаарга жөнөштү, келээри менен эки-үч күн өтүп кайрадан анализ тапшырып ден-соолугунун жайында экенин билишти. Ал тургай врач таңгалды, ошентип жай турмуштун чимирилген дөңгөлөгү менен жарышып өмүрдүн кызыгын көрүүгө ашыккан пенделер жебедей атылган ок менен жарышкан убакытка уттургусу келбей ат салышат. Гүлсүнай көп өтпөй эле кош бойлуу экенин билип Чынгызга айтты эле анын кубанычында чек жок эле.

- Жаным, мени бактылуу кылдың, - деп кучактап алып өпкүлөп жатты.

- Мен кайра бала төрөй албай каламбы, - деп коркконмун Чынгыз.

- Эмнеге антип корктуң?

- Анткени катуу ооруп анан түшүп калганда врач төрөбөй калышың мүмкүн, - деген эле,та-галып турам, ишенип ишенбей кызык болуп жатам.

- Жаным, врачтар деле жаңылышат да.

- Ошондой окшойт.

- Уул болсо экен ээ?

- Эмнеге, кыз болсо жакшы го.

- Мейли-мейли, кимиси болсо дагы колубузга тийсинчи.

- Ооба, туура айтасың жаным, - Гүлсүнай анын кучагында эркелеп бактылуу болуп турду, бул эки жаштын эң бактылуу мүнөттөрүнүн бири болчу, экөө ээрчишип эртеси аялдар дарыгерине барышты, боюнда бар экенин аныктагандан кийин Алмаздыкына барып андан Артиз менен Маринаны чакырып алып паркка барышты, алардын балдары балтыр бешик болуп калган, Манас андан улуураак болгонго жөрмөлөп жүрөт, Эржан бир айга кичүү. Экөөнү Чынгыз менен Гүлсүнай алмак-салмак алып эркелетип жатышты, ушундайда Артиз менен Алмаз көзүн албай Гүлсүндү карай бергенин Айпери байкап калды, бирок жөн гана: "Баланы карап жатса керек", - деп ойлонуп алат, Марина дагы өз оюнда ошондой ойлоду, бирок алар Гүлсүнайга Чынгыздан дагы башкачараак көңүл буруп, мамиле жасаганын байкап калышты. Бирок үндөбөй ал күнү кечке эс алып үйлөрүнө кайтканда унаага чейин басып бара жатышкан, Гүлсүнай чалынып кетти эле Алмаз менен Артиз жетип кармап калышты:

- Этият болбойт белең? - деди Артиз үрпөйө.

- Жыгылсаң эмне болот эле, азыр сен экөөсүң, - Артиз кабатырлана күлгөн болду.

- Эмне болду, акырын баспайт белең? - чынгыз кийин жетти, Гүлсүнай аларга:

- Ой эчтеке эмес, жыгылган жокмун го? - деп күлүп калды.

- Гүлсүнай жакшы элесиңби? - деп Айпери аларга жете келди.

- Баарыбыздын үрөйүбүздү учурдуң го ыя? - деди Марина сыр билгизбей жылмая. Айпери экөө ошенткени менен ичтен таңгалып калышты. Үй-үйлөрүнө тарап кеткенден кийин Айпери баласын жаткырып коюп Алмазга карады:

- Алмаз, Чынгыз менен чыныгы достукпу же Гүлсүнай үчүнбү мунун баары.

- Эмне дегениң бул?

- Деги айтам да, Артиз экөөң тең эле ага үйрүлөсүңөр.

- Койсоңчу, сыйлап койсо эле бирдемени чыгарасыңарбы, өзүң көрдүң Чынгыз катуу ооруп айыкты, ошого болсо керек да.

- Билбейм, мурун дагы байкаганмын, баягы үйлөнгөн күнү тим эле Гүлсүнайды жалдырай карап көзүңдү албай туруп алыпсың, мен түрткөндө эсиңе келбедиң беле?

- Койчу Айпери, кайдагыны айтпай, анда алардын эмес Артиз менен Маринаны карап эсим оогон, үйлөнбөй калдык деп коюп анан кирип келгенде, - деп Алмаз эптеп шылтоо таба койду, анткени ошондо Гүлсүнайдын көйнөгү куп жарашып узун боюна кийген туфлиси менен көйнөгү куюп койгондой болуп турган, анан дагы моюну койкоюп өзүнчө башкача сулуу көрүнүп турганы көзүнө элестеди. Айпери деле татынакай, бирок бою кыскараак, мурду бир аз теңирекей болуп көздөрү жүлжүгү ак жуумал неме, уулун төрөгөндөн бери толук да көрүнүп калган.

- Балким, бирок сенин көзүң Гүлсүнайда эле болчу.

- Айпери, минткениңди алар угуп калса достугубуз ыдырайт, экинчи жолу минтпей жүр, - деди Алмаз.

- Болуптур эми, мен силерди ажыратып ийейин деген жокмун, бирок бүгүн Артиз экөөңөр тең эле ошого үйрүлүп түшүп жаттыңар го? - деп Айпери чыгып кетти, Алмаз анын айтканын сыртынан байкатпаганы менен ичинен мойнуна алып турду: "Башка жакты карайын десе деле көзүм ага кадала берсе эмне кылайын, айрыкча баланы эркелетип жатканда өзүнчө эле керемет көрүндү, кой үй-бүлөөмдү жоготуп албайын, мындан ары ага аяштай эле карайм", - деп ойлонуп чалкасынан түшүп жатып алды. Айпери сыртка чыгып кайненесине жардам берип жүрдү, алар чынында эле бактылуу, ата-энеси келинине өз кызындай карайт, эки уулунун көзүн карап турушат, Иляз болсо али мектепте, Айкан экөөнүн ортосун он жаштан төрөгөн.

Артиздер дагы өздөрүнчө ушундай акыбалда Марина экөө кыжы-кужу болуп барып токтошту. Маринаны кучактап алып:

- Алтыным, дүйнөдөн сендей бир сулууну издеп таап алып кантип башкага көз агытайын, андай дебе алтышка, - деп чопулдата өөп калды Артиз.

- Билбейм, качан көрсөм эле эки көзүң Гүлсүнайда.

- Эй жаным, ушу аялдар биздин достугубузду бузгуңар келип жатат го?

- Андай оюм деле жок, бирок Гүлсүнайды караганың жаман.

- Сени деле Чынгыз менен Алмаз сүйлөгөндө карап жатат, эмне анда мен дагы алар менен мушташайынбы, жана силер аялымдан көзүңөрдү албай карап жаттыңар, - деп ушундайбы анда? - Жини келгендей үтүрөңдөдү.

- Ой жинди десе, болдучу эми көктүгүңдү карматпай.

- Анда сен дагы бирдемени сүйлөбөй жөн жүр.

- Болуптур эми, - Марина күйөөсүнүн мойнуна колун арта жатып калды:

- Силер аялдар азгырыксыңар, жолдон чыгарасыңар, билип кой жаным биз үйлөнөөрдө сүйлөшкөнбүз, аялдардын сөзүнө кирип достугубузду бузбайбыз деп, бузганы катынын кетирет.

- Эмне, ошентип айттыңар беле?

- Ооба, аялдын тилине кирсе аялы менен ажырашат же таптакыр бет карашпайт.

- Силер кыйынсыңар го?

- Ошондой, этият болуп жүргүлө.

- Макул, сенден ажырабай калайын.

- Укта эми, ачуумду таратып алайын, - Артиз компое унчукпай жатып алды, Марина ичинен ойлонуп калды: "Чын эле абдан ынак үчөө, апасы дагы көп айтат, булардын ынтымагын бузуп көрүш керек экен", - деп ойлоду.

Чынгыздар үйүнө келсе Тынар келиптир, Сайра экөө ынтымактуу чай ичип отурушкан, Гүлсүнай апасы менен учурашып отуруп калды:

- Апа, атам кандай жүрөт, Жанат жакшыбы?

- Жүрөт кызым, атаңдын быйыл шалкы бош, малды таштап үйгө көчсөкпү деп жатабыз, Жанат дагы он биринчиге окуйт.

- Эмне бир жери ооруп жатабы атамдын?

- Ооруганын айтпайт, алым кетет дейт.

- Көрүнүп көрсүн да врачка, бир текшертип көргүлө.

- Ооба кудагый, ден-соолук болбосо кыйын, көрүнгөнү жакшы, - Сайра сөзгө аралашты.

- Малын өткөрүп, бир жылдык акыбызды алып алсак анан көрүнөт го?

- Гүлсүн, тамак бышып калды балам, алып келе бер.

- Макул апа, мен халатымды кийе коеюн, - деп Гүлсүнай бөлмөсүнө кирип кетти. Сайра эпилдеп кудагыйын сыйлаганга далбастап жатты, Канатбек коньяк алып келди.

- Куда, мен башынан ичкилик ичпейм, убара болбогула.

- Андай болбойт кудагый, кудам экөөңөрдү чакырып сыйлап алалы, - деп убакыт болбой уят болуп жатабыз, - деди Канатбек.

- Эчтеке эмес, балдардын аманчылыгы болсо болду, сыйлашуу качмак беле?

- Ошентсе дагы биз эми айрылышпайбыз, буйруса неберелүү болсок анан ошондо бир жээнтек той берип бапырайбыз.

- Эмнеси болсо дагы аман-эсен көзгө көрүнсө болду.

- Кудагый, Гүлсүн кош бойлуубу? - Тынар аларга суроолуу карады.

- Ооба кудагый, кубанчыбыз койнубузга батпай турган убагыбыз.

- Кудай кубанычыңарды кут кылсын, боосун бек кылып берсин кудай.

- Ошондой эле болсун кудагый, балдарыбыз өзү менен өзү болуп көбөйсө эле биздин ырысыбыз эмеспи, - Сайра шыпшына кудагыйынын ичпеген оюна койбоду.

- Иччү эмес элем, балдардын кубанычы үчүн ичип койдум, - Тынар оолжуй күлүп жатты, - Небере көрүү кандай кубаныч ээ кудагый хи-хи!

- Ананчы, ушуларды кандай гана тилек менен багып өстүрдүк, эми көбөйүп, бала-чакалуу болуп бапырап шатырап жатса кубанбай кантебиз.

- Кудамды бир чакырып жатса кубанбай кантебиз.

- Кудамды бир чакырып сырдашып отурсак болот эле, - деди Канатбек, алар кечке чейин отуруп анан Чынгыз жеткирип келди, Гүлсүнай кошо барды, атасы менен инисине жолугуп кайра тартышты. Аңгыча убакыт өтүп күзгү бозгородо Гүлсүнай кыз төрөдү, ага достор чогулуп алып гүл көтөрүп келишти, Гүлсүнайдын бактысы укмуш, үчөөнү карап туруп: "Бактылуумун, үчөөнүн тең сүйүүсүнө арзыганым үчүн, кандай аял өзүн бактылуу сезбейт, Чынгыздын пейили кенен, эч бир кызганбайт, балким досторуна ишенет, ар бир үй-бүлөнүн өз бактысы бар, мен Чынгызды тандаганмын, ал мага чын ниетинен ишенет", - деп ойлуу жылмаят. Канатбек небересинин атын Курманжан койду, аяштар чогулуп жээнтек той беришти, ата-энелери бир бөлмөдө, балдары бир бөлмөдө наристени жууп жатышты, бир жакшы жери Алмаз, Чынгыз менен Артиз ичкилик ичишчү эмес, ата-энелери бакылдашып жатканда алар акырын тарап кетишти. Ар кимиси өз ата-энесин сыйлап ийменгени, келиндери ыйбаа кылганы үчүн ошентишти. Алар улам үчөөнүн бала кезиндегилерин эстеп кеп кылып күлүп отурушат, шараптын эң жакшысынан алып коюп ырдап киришти. Чынында бул адамдар бир топтон бери ынтымактуу, балдары андан бетер бири-бирисиз тамак да ичишчү эмес.

- Алмаз беште окучу беле? - деп Суран Айканды карады, - Ошондо үйгө конок келип анан эртеси айыл коңшуну чакырып жатсак Алмаз, ата Чынгыз менен Артиздер дагы келеби, мен чакырып келе коеюн дегени эсимде, качан болсо эгиз козудай болуп бирге жүрүшчү эле.

- Ооба десең, Чынгыз дагы ошентип турчу, - Канатбек бакылдады, - Бир жолу акемдер келип калды, эшикке чыксам жок, караңгы болчу, кайда кетти, - деп сары санаа болуп издеп калсак силерге барыптыр да.

- Аа-а баягыдабы? - Нуртаз күлүп калды, - Эшикке барып алып чоң атамдар келди, үйгө барбайсыңарбы, - деп жатпайбы, биз уят го, - деп Нурипа экөөбүз тарткынчыктап калсак Артиз болбой барып келеличи, Чынгыздыкына, ал менин досум да, - деп ыйлаганынан келип калбадыкпы.

- Булар артист да, - деди Суран, айта берсек түгөнбөйт, мына эми өздөрү балалуу болду, түшүнүшөт да.

- Кудайдын кулагы сүйүнсүн, - деди Айкан, - Тилегибиз ушул эмеспи.

- Ананчы, балдарыбыз ынтымактуу болсо биз уяттуу болобуз да, - Нурипа шаңкылдай күлүп калды, ошол учурда Өмүркул менен Тынар кирип келишти, аларды көрүп баары тура калышты:

- Келгиле кудагый, аман-эсен жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, мал-келди камап келгиче ушул болду, - Тынар уялгандай кымырыла сүйлөдү, - Бешик бооңор бек болсун куда-кудагый.

- Болсун-болсун, кудай өмүрүн берсин, Курманжан апанын атын койдук, арбагы колдоп ошондой чыгаан кыздардан болсун айланайын.

- Ошондой эле болсун, - дешип көрсөткөн орунга төргө отурушту, жаңыртып тамак алып келишип, кудаларды баарылап сыйлап жатышты, Өмүркул эзели ичкен эмес, тынарга дагы болбой кыстап коюшту, ошентип алар түнү бою бака-шака болуп жатып калышкан, эртеси жаңы туруп чайга отурушканда Маратбектер ата-энеси менен келип калышты. Ошондо Канатбек аябай уялды: "Ка-ап, кыздын атын атама койдурбай, өзүм атамын деп эрдемсип кеткен экенмин да", - деп ойлонуп төргө чыгарды. Ызак менен Асел карыган кишилер, өтө эле карып калгандыктан алар көп үйдөн чыкпайт, Ызак токсондо, Асел сексен беште.

- Бешик бооңор бек болсун балдар, - деди Ызак уул-келинине, - Кана, мага чөбүрөмдү алып келгилечи, өзүм атын коюп берейин, - дегенде баары Канатбекти карап калышты, Чынгыз менен Гүлсүнай наристени алып келип колуна берди, - Оо айла-анайын быйпыйган, бей күнөө наристем, ушул күнгө жеткирип небере чөбүрөнү көрсөткөн кудайга шүгүр миң бир ирээт ыраазымын, - Ызак наристени акырын сакалы чоочутпасын, - деп чекесинен өөп, кайра мурдунан чымчып бармагын өптү, - Кызымдын аты Курманжан болсун, ошондой айбаттуу да кайраттуу да эр аялдан болсун, өмүрү узун, келечеги кең ата-энесинин маңдайында эчтекеден кемибей өскөн ырыс-кешиктүү кыз болсун, оомийин аллоху акбар! - Ызак алакан жая бата берди, - Ортоңордо ынтымак ырашкерлик орноп үйүңөрдөн кут кетпесин балдарым, - Ызак отургандарга кайрылды, - Силер дагы бул өмүрдө не тилесеңер тилегиңер орундалып максатыңарга жеткиле, кем болбогула айланайындар! - деп алаканын бетине жаба бата кылды.

- Айтканыңыз келсин ата.

- Батаңыз тийсин ата.

- Ак батаңыз алланын амиринен болсун! - деп тура калып карыга жүгүнө таазим кылышты.

- Силер дагы Асел экөөбүздөй небере-чөбөрө көрүп, байлык эмес адам күтүп, сыйлык эмес сыймык күтүп өмүрүңөрдө өксүбөй бактылуу болгула айланайындар, - деди Асел Чынгыз менен Гүлсүнайга карап, - Балаңар үй толо, жаныңар кырман толо, дилиңерде актык, көңүлүңөр ачык болсун садагалар!

- Айтканыңыз келсин чоң эне, - деди Чынгыз кубана, Гүлсүн жүгүнүп жатканда Асел аны өзүнө чакырып чекесинен сүйдү.

- Алганың менен тең кары балам, чоң атаң экөөбүздүн жолубузду жолдогула, быйыл алтымыш жыл болду биздин баш кошконубузга, чайпалбагыла балдарым.

- Ырахмат чоң эне, - деди Гүлсүнай ыйбаа кылып, андан кийин наристени кайра келин уулуна берди, Канатбектин кубанганын айтпа, өзү койгон атты атасы атаганына, аны беркилер билгени менен Маратбектер билген эмес. Көрүндүк , - деп тай алып келишиптир, бир койду союп бышырып жээнтектеди кылып келген экен ал күнү дагы Сурандар кетпей калышты, Өмүркул малына карап кетип Тынар калып калган, кыргыздын салты боюнча алар дагы бирди союп жээнтектеп кийит кече менен келген, коңшуларын чакырып бир бөлмөгө кешик ооз тийгизишти, ушул жерде бир нерсе эсиңе келет, бардыкы бапырап агыл төгүл болуп пейили кең адамдыкы белгилүү эмеспи, жоктуку саналуу, ченелүү болуп бирине жеткирсең бирине жетпей өмүр бою көкүрөктү өйүгөн санаа ичтен жеп көксөгөнүнө жетпесе дагы көңүлү толук болуп барын чачат. Канатбектики төгүлүп эле калды, Тынар оолжуп эки бети албырып бир аз ичкенге шыңкылдай күлүп калганда Гүлсүнай:

- Чынгыз, мен апамдын ичкен абалын биринчи көрүшүм, - деди күлүп, - Апамды карасаң тим эле берилип алыптыр.

- Мейли, неберелүү болгондо ичпегенде качан ичмек эле?

- Иче берсин го, бирок атам үйдө жалгыз, Жанат эчтеке кыла албайт да, ачка калышпаса болду, анан да кызып калды.

- Кабатыр болбо жаным, экөөбүз жеткирип келебиз.

- Ой балачы, сен эле жеткирип кел.

- Алып алабыз.

- Жо-ок, жаш баланы кыркы чыкканга чейин эч жакка чыгарбайт.

- Эмнеге?

- Ошого, мен муну көп укканмын.

- Анда мейли, апамды өзүм жеткирип келем, - Экөө ушинтип сүйлөшүп жатканда Алмаз менен Артиз келип калды.

- Ой эмне болду ыя, папашалар дагы эле биердеби?

- Ооба, чоң атамдар келген, эмне кыласың аларды?

- Жөн эле, кабатыр болдук да.

- Кирип чоң атамдар менен учурашкыла, - деди Чынгыз, алар чогуу кирип учурашышты, ал күнү кечке бака-шака болушту, кечке маал балдары келип унаа менен алып кетишти, Тынарды Чынгыз өзү жеткирип келди, кешикти жакшылап салып куда-кудагыйына кийитти кийгизишти. Ызак менен Асел калып Маратбек аялы экөө эртеси кетти, наристенин чыр эткен үнүн угулса Канатбек менен Сайра жетип барып ала коюшат. Эркелетип Кумай, - деп алышкан, жаткырбай колдон-колго өтүп өсүп бара жатты, ал бир жашка чыгаарда Чынгыз менен Гүлсүнай өздөрүнчө сүйлөшүп окууга тапшырмак болду, Чынгыздар дипломун алып жумушка орношмок болуп эч таба алышпады. Гүлсүнай тест тапшырып университетке өтүп кетти, аны кийин угушту баары, ошентип Гүлсүнай студент, Сайра небересин өзү багат, Кумайы өзү дагы болпоюп жоош, карды тойсо уктай берет, Чынгыз иш издегени менен жолу болбоду, адистерди кызматка алуу өтө кыйын болуп калган эле өлкөдө. Канатбек бир күнү таанышы аркылуу бир жумушка сүйлөшсө ага "Ставкасын" айтыптыр. Айылга барып мал сатып келди да акырын берип үч күндөн кийин аны райондук айыл өкмөтүнө бухгалтер кылып койду. Ошентип ал иштеп калды, Алмаз менен Артиз дагы ишке орношкон, баягыдай тез-тез жолугуша албай той же туулган күндөрдө чогулуп калышты. Ошол учурда Артиз менен Марина таарынышып кетти, баласы бир жаштан ашып дагы боюнда бар эле. Айпериге кыйын болду, таежесине бара албай же Маринага бирдеке деп айта албай телефон чалды:

- Алоо, Марина кандайсың?

- Кандайын сурайсың?

- Жолугалычы.

- Эмнеге жолукмак элек?

- Деги эмне болду силерге, башым катып кетти Марина.

- Аны Артизден сура.

- Мари, өчүрбө телефонду, баягы барга келсең.

- Бара албайм.

- Суранам Мари.

- Болуптур, жарым саатта барам, - деп өчүрүп койду.

- Оо боже, - деп алды Айпери, - буларга эмне болду деги? - деп кийинип алып барга жөнөдү, ал келгенден кийин Марина келип калды.

- Кандайсың? - деди ал суз.

- Жакшы, жүрү тигиндей отуралы.

- Ушундай эле сүйлөшөлү.

- Мари, Артизди кошпогондо эле экөөбүз бир туугандайбыз, бирге өстүк, мага дагы таарындыңбы?

- Сен тааныштыргансың Артизди.

- Ошол үчүнбү?

- Ооба, сен болбосоң ага тиймек эмесмин.

- Мари түшүнсөң, эмне болду силерге?

- Ал Гүлсүнайды сүйөт экен.

- Эмнэ-э?!

- Ошол, койнунда мет жатсам, ал бирөөнүн аялын эстеп жатса элестет.

- Болушу мүмкүн эмес.

- Мүмкүн, мен андан айттырбай эле билип алдым.

- Эмне, - деп айтты?

- Айтмак беле ошол.

- Мари, сен мени түшүнчү, ал сени сүйөт, баягыда үйлөнбөйбүз деп бизди шок кылганча биротоло баш тартпайт белең?

- Мен аны өзүм сүйөм да, - Марина ыйлай баштады, - Бирок ал менин таза сүйүүмө татыбайт Айпери.

- Ыйлабачы, жөнү жок кызгангандан көрө кайт үйүңө, эч ким сени урушпаса, каалагандай жашайсың, балаң багылуу, Артиз сенин эле жаныңда жүрбөйбү.

- Уксаң мени, ал бир жолу уктап жатып: "Гүлсүн, мен сени сүйөм, сени сүйөм", - деп эле сүйлөп жатты, мен аны түрткүлөсөм бери бурулуп дагы: "Жаным, сени мен сүйөм Гүлсүн", - деп жатпайбы.

- Балким сени атайын сынаса керек да, - деген Айпери ойлонуп калды: "Чын эле, Алмаз дагы кээде Гүлсүндү атай берет, эмнеге андай", - деп ойлуу бөлөсүн карады, - Мари, мени ук, Артиздин эч кандай күнөөсү жок, эки балалуу болосуңар, анан дагы жылдар өтөт, баары унутулат, анын аялы сен гана болосуң, кургак кызганычка алдырып балдарыңды атасыз өстүрмөксүңбү?

- Балдарымды эч кимге кор кылбайм.

- Аның туура, иштеп аласың, балдарыңды со-онун багасың, бирок аларга сөзсүз атасы да керек Мари, кийин өкүнүп жүрбө.

- Айпери, эмне кылышым керек?

- Таежемдерге айттың беле?

- Жо-ок.

- Анда жакшы, экөөбүз азыр Артизди чакырабыз.

- Бөлүнүп жашаса барам.

- Аа-а, - Айпери күлүп жиберди, - Сенин оюң башкада турбайбы?

- Ошол, Артиз бөлүнүп жашаса анан барам.

- Муну экөөңөр чече турган маселе экен.

- Айпери, Артиз мени алмаштырып кетпейби?

- Эгерде сен минтип болбоско эле таарына берсең эркектерге ишениш жок, алар күн карамадай болоорун унутпа, жакшы айтып, көңүлү ооруп турганда өзүнө тарткан аялга кете бериши мүмкүн, алар деген өтө кызык жандар такып сурап, ашыкча кызгана берсең дагы жадашат, сурабай момун болуп билмексен болуп койсоң андан бетер тажашат, кыскасы алардын көңүлүнө жагып туруу керек, - Айпери бөлөсүнө дагы көп сөздү айтты, - Калганын өзүң бил.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Болуптур, мен балама барайын.

- Бара бер, мен ойлоноюн ээ? - деп эки бөлө бөлүнө эки жакка кетти, Айпери үйгө келсе Алмаз бар экен, ал жасанып, галстук тагынып алган, анткени ал мэрияда жер боюнча адис болуп иштейт.

- Кайда бардың? - деди Алмаз ага.

- Марина таарынып кетип калыптыр.

- Качан?

- Эки күн болуптур.

- Артиз айткан жок го?

- Уялса керек.

- Эмнеге, менденби?

- Ким билет, ишке жөнөп жатасыңбы?

- Ооба, түштөнүүгө келгем.

- Убара болбой эле кафеден ичип албайт белең?

- Мен депутат белем, чөнтөгүмө карайм да, өзүм эптеп жумушка орношсом, - деп Алмаз күлүп үйдөн чыкты, - Кечинде кеч келем.

- Эмнеге?

- Эгемендик майрамга бир иштерди жасайт экенбиз.

- Жакшы, баса Алмаз.

- Эмне?

- Мен иштеймби?

- Шашылба, Манас чоңойсун.

- Басып жүрбөйбү, бакчага берсек болот.

- Эртең сүйлөшөбүз, - деп жөнөй берди: "Демек сен жумушка иштеп мен үйдө отурат экенмин го, шашпа-а мен дагы окуганмын, өзүмдүн адистигим боюнча иштөөгө укугум бар", - деп ойлонуп турганда Суран менен Айкан келип калды, алар небересин коляскага сүйрөп алып паркка күндө барып келишет. Бүгүн дагы ошол жактан келген.

- Бирдемең барбы балам, биздин кардыбыз ачты, - деди Айкан.

- Бар апа, Манас уктап калдыбы?

- Ооба, секетиң кетейин десе, балдарды көрүп тим эле ойногусу келет.

- Аман болсо келээрки жылы жүгүрүп калат, - деди Суран. Ошентип Айпери кайната кайненесине чайын берип анан өз жумуштарын жасап жүрөт, Суран бир жакка кеткенде Айкандын жанына келди:

- Апа, Манас чоңоюп калды, мен иштесем болобу?

- Иштейин дейсиңби?

- Ооба, экөөбүз тең иштесек жакшы болот го?

- Алмазга айттыңбы?

- Ал бала жаш, - деп жатпайбы.

- Баланы биз эле карайбыз, иштесең иштей гой, - деди Айкан мээримдүү карап:

- Алтын апам десе, рахмат сизге, - Айпери аны кучактап өөп жиберди.

- Иштегиле балдар, жашыңарда иштеп алгыла, мына Суран экөөбүз эки баланы иштеп жүрүп өстүрдүк, баарын жыйдык, Суран жетим бала эле, менин ата-энем көтөрмөлөп балдарды карашты, - Айкан үшкүрүп алды, - Эми алар жок, биздин байлыгыбыз силерсиңер балам.

- Эмгегиңерди актайбыз апа.

- Кудай тилегиңерди берсин балам.

- Айтканыңыз келсин.

- Илязим азыр жаш, - деп Айкан ойлуу отуруп калды. Айпери кубанып иш караштырганга апасына чалды. Ал иштейм дегенин угуп абдан кубарды, анткени ал көптөн бери айтып жүргөн, дароо эле тааныштарына чалып төрөтканалардын биринен орун тапты, акушер-гинекологдун иши. Муну угуп кечинде Алмазга айтты эле ал бир аз кыйыктанып тим болду, ошондон кийин Айпери иштеп калды, Манасты Айкан карап калды. Марина дагы келбей жүрүп алды эле Артиз бир күнү телефон чалды ага, албай жатып анан алды.

- Алоо, Марина укчу мени, - деди Артиз, - Мен барам кечинде.

- Эмнеге келмек элең? - деди Марина ага тултуңдай.ү

- Чечишебиз.

- Эмнени?

- Экөөбүздү.

- Келбей эле кой.

- Барам, менин күнөөмдү ата-энеңдин көзүнчө айтасың.

- Артиз башты оорутпачы.

- Менин дагы башым ооруп чыкты, баланы эмнеге алып кетесиң, кечинде барып сен келбесең Эржанды алып кетем, - деди да өчүрүп койду. Нуртаз менен Нурипа Маринанын эмнеге кеткенин билбейт, Артизден сураса ал келет, - деп койгон эле.

Кечке маал жумушунан чыгып кайнатасыныкына барды, Айдай көрүп эле жакшы тозуп алды:

- Кел балам, кудалар жакшы жатышабы?

- Жатышат апа, өзүңүздөр жатасыздарбы?

- Кудайга шүгүр балам.

- Марина үйдөбү?

- Ооба, ал бүгүн кетем дегенинен токтотуп койдум эле.

- Аа-а мейли, иш бар беле апа?

- Ооба, улуу келинимдин баласын отургузмак, ошого камынып жаттык эле.

- Аа-а качан отургузушат экен?

- Бүрсүгүнү, - Айдай ичкери кирип Маринаны тургузду, - Тур кызым, Артиз келди, чай-пай бер, тиги муздаткычтагы эттен чучуктан алып чык.

- Макул апа, Эржан уктап жатабы?

- Ооба, ал уктап жатат, Айдай кайра келип Артиздин жанына отурду, - Азыр балээ болуп калды, бала отургузганды да чоң тойго айлантып, жылкы союп жатышат, коноктору көп экен, Маринаны жардам бер бер дешкен.

- Мейли апа, жардам берет да, - Артиз шыпылдай ушинтти: "Марина таарынып келдим деп айткан эмес экен, акылдуум десе, мен дагы өз каталыгымды түшүнүшүм керек, балалуу болгондон кийин Гүлсүнайды эмнеге ойлоном, анын дагы күйөөсү, кызы турат, ага аяш катары гана мамиле жасашым керек", - деп ойлонуп такыр эле эсинен чыгара албай жүргөнүнө таңгалды. Эгерде бирдеме болсо эле ага жетип барганын, чогуу отурганда көзү эрксиз ага бурулуп кетип карап тура бергенин тура көрбөдү.

- Кел балам, тамакка кара, - деди Айдай.

- Аа-а, - Артиз тамактарды алып келип коюп жаткан Маринага көзүн жүгүрттү, ал байкамаксан боло чай куюп сунду:

- Иштеп жатасыңбы? - деди Марина акырын.

- Ооба, азыр майрамга карата кол бошобойт.

- Бошобойт да айланайын, өкмөттүн иши оңой эмес да, жакшы иштесең үзүрүн көрөсүңөр балам, - айдай кызын байкап турду.

- Көнүп калдыңбы? - деди кайра Марина.

- Ооба, көнүп калдым, Чынгыз айыл өкмөтүндө, Алмаз мэрияда иштейт, мен болсо акимчиликте, үчөөбүз тең буйруса бирдей кызматтабыз.

- Жакшы балам, теңтуш деген силердей болсун, - Айдай шыпшынып алды.

- Ооба, биз өтө жакын достордонбуз да, - Артиз Маринага карай күлүп койду.

- Ошондой жакшы эмей...

- Апа, мен барайын анда, Марина колу бошогондо барсын.

- Тамактан алсаң боло балам.

- Жедим ага рахмат.

- Мейли балам, - Айдай Маринага кайрылды, - Тиги эттерден кудаларга берип ийчи, ооз тийишсин.

- Макул апа, - Марина ашкана жакка басты.

- Апа, тим койсоңуз, кереги жокко...

- Сен көтөрөт белең, машина көтөрөт, ала кет, салам де балам.

- Макул, Артиз сыртка карап басты, Марина артынан келе жатты.

- Узатып кой кызым, - деп Айдай кала берди, Марина пакет көтөрүп чыга калганда Артиз кучактап калды:

- Кайненемдин акылдуу кызын кандай сагындым.

- Кое бер Артиз.

- Эмне, сен мени сагынган жоксуңбу?

- Сагына турганың башка, - Марина аны өзүнөн алыстата түрттү.

- Мари, чыныңбы ушул?

- Ооба, жиниме тийбей бар!

- Марина, өкүнүп калба.

- Эмне дегиң бар?

- Менин бир карайсам оңолбосумду билесиң.

- Каалаганыңды жаса.

- Акыркы сөзүңбү?

- Ооба, - Марина артына кайрылды.

- Анда сүйлөштүк, бала сенде болсун.

- Эмне ушуну айтканы келдиң беле? - Марина токтой калды.

- Сен өзүң каалап жатасың.

- Мен сенин жүрөгүңдө башка жашаарын айткым келген.

- Аны сен кантип көрдүң?

- Билмексен болбо.

- Деги оюң эмнеде Марина?

- Сен мени сүйбөйсүң.

- Койчу, ошону билесиңби? - деп Артиз атайын ажыкыстанды.

- Көрдүңбү, сен мени сүйбөйсүң Артиз.

- Мына сага, анда мен ошо жүрөгүм менен жашай берем!

- Жиндисиң!

- Сен жинди! - Артиз жетип Маринаны көтөрүп алып машинага отургузду, - Жиндини эми көрөсүң, - деп рулга отурду.

- Кое бер Артиз.

- Кое бербейм, азыр экөөбүз тең кетебиз, - деп Артиз катуу айдап чоң жолго чыкканда ого бетер катуулатты, - Кана, менин жүрөгүмдөгүнү айтып берчи.

- Акырын Артиз, коркуп жатам.

- Коркпо, өлсөк бирге өлөбүз, оюңдагыны бүт айтып кал.

- Акырын дейм, - Марина көзүн жумуп алды.

- Айтпайсыңбы ачыгын!

- Артиз, болду экинчи айтпайм токтот!

- Экинчи таарынбайсыңбы?

- Жок-жок, таарынбайм деле.

- Үйгө өзүң барасыңбы?

- Ооба.

- Макул, - Артиз жайлатып барып анан четке токтотту, - Таарынычыңдын себебин да билбейм, адам уйкусураса дагы болбойбу?

- Болду дедим го, үйгө жеткир Артиз.

- Бүрсүгүнү тойго атамдар менен келем, ошондо дайынданып тур, чогуу кетебиз жарайбы? - Артиз келинчегин кучактап алып өбүшүп көпкө отурду, анан акырын жеткирип кайра тартты. Үйүнө келгенде Нурипа чыга калды:

- Маринага бардыңбы, Эржанды сагындык балам.

- Алып келген жокмун апа, кайнага сүннөт той берет экен, ошого жардамдашып жатыптыр, - деп чийки, бышык эттерди алып берди.

- Кудагый бердиби?

- Ооба, ооз тийсин деди.

- Аа-а байкуш кудагый, рахмат, - деп үйүнө алып кирди, - Марина мынча көп жүрбөйт эле дейм да, телефон чалайын, - деп уялып жаттым эле, балдар урушуп калыптыр десе эмне дейт деп, уяттуу кишиден тартынат экенсиң, - Нурипа өзүнчө кудуңдап жатты.

- Урушса көрүп же угат элек го? - деди Нуртаз.

- Мен да ошентип ойлойм, айтпай дебей кетип калса ар кайсы оюңа келет экен да Нуртаз, ынтымак эле берсинчи деги, Анис үйлөнгүчө буларга үй алып берип бөлүп койсок анан көңүлүбүз тынып калат эле.

- Кабатыр болбо, эмдиги жылы бөлөбүз.

- Эмне, эрте элеби?

- Балким балдар өзүнчө болууну каалайт чыгар.

- Кантип, бөлүнгүсү келет дейсиңби?

- Ооба, азыркы жаштарды билбейсиң да, - деп экөө сүйлөшүп отурганда Артиз кирди, ал кийимин которунганы кеткен.

- Эмне болду ата?

- Силерди бөлгөнгө үй алып берейин, - деп жатам уулум, ылайыгы болбой жатат.

- Эмнеге, бизди кубалагыңар келеби?

- Андай ой жок, Анис биз менен калат, силер өзүңөрчө болгонуңар жакшы эмеспи балам, ата-эненин милдети төрөлгөндө азан чакырып ат коюу, сүннөткө отургузуу, үйлөнтүп өзүнчө энчи берип бөлүү...

- Ата, биз азыр бөлүнбөйбүз.

- Эми үй алып даярдай берсек болот да, ичин толтуруп алыс-жакынды чакырып той берип дегендей, Анис деле бойго жетти, ал дагы үйлөнөм, - деп чыгат, анан эки кочкордун башы бир казанда кайнамак беле, эки келинди сый эле бөлүп койсок бири-бирине атаандашпайт, - Нуртаз уулун жылмая карап койду, Артиз унчукпай калды, туура көргөн эле, ата-эне болсо аны башкача ойлонуп: "Талуу жери ушул экен го бечара баламдын, аялы бөлүнөбүз десе айта албай ортодо чайналып жүргөн окшойт", - деп купуя сезип отуруп калышты. Эки күн өткөндө сүннөт тойго барышты, шаардын четиндеги пикникке эл толтура келиптир, Артиз эки досу менен бирге барышкан, Нуртаздар сыйлуу орунда отурушту, Субандар менен чогуу, Марина Эржанды аларга алып келип берген, той жогорку деңгээлде өтүп жатты, достору бүт керсейген кызматчылар, Сейитбектин дос-жоролору андан кычырашат, сүннөткө отурган балага миңден баштап беш-он миң сомго чейин карматып, оюнчуктар толуп кетти. Нуртаздар тоюна бир тай деп барышкан, Субандар дагы бир тай дешти, Канатбектер ошол арада жайлоодо болгондуктан келбей калышты. Ошол күнү кечке маал эл тараган кезде Марина күйөөсүнүн жанына отуруп үйүн көздөй жөнөдү. Чынгыз Алмаздын унаасы менен келди, Гүлсүнай кызы сыркоолоп калып барбай калган, Алмаз жеткирип келип:

- Гүлсүнай кандай? - деди кол суна, - Кунай өзүңө эле окшоп калган го?

- Ооба, мага көп окшош.

- Калп айтпа, мага эле окшош, - деп Чынгыз келди.

- Каери сага окшош, карачы Чынгыз бүт мүчөсү мага окшош, - Гүлсүнай айтканда Алмаз каткырып ийди.

- Чын эле, жок дегенде бир эле мүчөсү сага окшош болсо мейли эле.

- Койгулачы, кызымды мага окшоштургуңар келбей жатабы? - Чынгыз кызын колуна ала коюп эркелетип кирди, - Кунай, апаң менен аяш атаңдар эмне деп жатат ыя? - деп көкөлөтө көтөрүп жатты, Алмаз кеткенден кийин Гүлсүнай:

- Ушунча чычалаксыңбы Чынгыз, бакыйган айыл өкмөттүн кишиси чычаласа жарашпайт ко? - деп тамашалады.

- Чын эле мага окшоштурбай жатсаңар анан чычалайт да.

- Мага окшошуп турбайбы, жакшылап карасаң.

- Дагы тактап кирдиңби? - деп келинчегин өөп алды, - Мына сага жаза.

- Кунай, Кунай мени карачы, атаңды чычалатып коелу, - Гүлсүнай ого бетер кыткылыктап күлүп жатты, - Чынгыз, Артиздер таарынышып жүрөт дейби?

- Жо-ок ай, бүгүн чогуу келишпедиби?

- Чын элеби, өткөндө апам айткандай болгон.

- Болсо болот да, азыр жакшынакай эле келишти.

- Ошондой эле болсун.

- Гүлсүн, окууң кандай, аксаган жоксуңбу?

- Жок, баары жайында, апамдарга барып келсек болот эле, машина жок бара албай калдык да ээ?

- Артизди чакырайынбы?

- Ал азыр чоң, колу бошоор бекен?

- Келет, келбей көрсүн, - Чынгыз телефон чалып кирди, - Ало досум, убактың болсо келип кетесиңби? Макул-макул саат алтыда келип кал, - Чынгыз Гүлсүнайга карады, - Уже решено.

- Спасибо.

- Эчтеке эмес, мен атамдар менен сүйлөшөйүнчү, качан келишет экен, - деп Чынгыз сыртка чыгып кетти, ошол учурда Гүлсүнайдын телефону чырылдап калды.

- Апа, эмне болду, атамбы, качан жатты, айтып койбойт белеңиз, Жанат үйдө элеби, мейли барып калабыз, - деп телефону өчкөндө ары коюп кабагын түйө отуруп калды.

- Эмне болду Гүлсүн?

- Апам чалды, атам ооруканада экен.

- Качан жатыптыр?

- Эки-үч күн болуптур, убара болбосун, - деп айтпаптыр.

- Кечке маал барабыз дедиңби?

- Ооба, мен тамак жасай коеюн, - деп Гүлсүнай казан аягына киришти, Өмүркул ашказанынан приступ берип барган, аны рак, - деп чыгарышты. Гүлсүнай ыйлап-сыктап эки күндүн биринде ошол жакта болуп жатты, бирок көп өтпөй эле ал дүйнө салды, Гүлсүнай атасын жоктоп буркурап боздоп ыйлап жатты, ошентип оош кыйыш бул заманда Гүлсүнай ичинен арман кылып жаткан:

- Апа, атам акчанын жогунан көрүнбөй жүрө берди да ээ?

- Жо-ок кызым, билбей жүрө берди, кайдан билем, кийинки күндөрү такыр тамак ичпей эле өзү менен өзү болуп калган, догдурга көрүн десем болбой койгон.

- Жок үчүн ошентсе керек го, бизди кыйналат деген окшойт, - Гүлсүнай буркурап жатты, - Жок дегенде Жанар чоң болуп калсачы, эми экөөңөр кантесиңер апа?

- Кам санаба кызым, менин иним турат, жардам беришет.

- Ошолоруңуз жардам берсе эбак эле каралашпайт беле апа, колуңда болбосо бир тууган деле ошентип карабай калат экен да, атам жапжаш кетип калбадыбы, кырк сегиз деген жаш эле эмеспи, - деп ыйлап-сыктап кыркына чейин үйүндө болду. Чынгыз аларга жардам берип турду, кыркында үч дос биригип бир бодо союшту, туугандары келип аларга кайрат айтып ыраатын бергенден башка кайрылышпады, акыры өлгөндүн арты ый болуп тирүүнүн вазийпасы жашоого умтула баштады, Гүлсүнай апасына акча берип базарга отургузуп койду. Жанат эртели кеч товарын жайып жыйнап жанында, Гүлсүнай оптом кийим-кече алып келип берет, аларды бутуна тургузам, - деп жүрүп баласы тогуз ай болгондо өзү ооруп калды. Чынгыз үйрүлүп түшүп ооруканага алып барса ич келте менен ооруп калыптыр, бир ай ооруканада жатты, тамакты ылгап ичип үйдө болуп калды. Чынгыз жумушуна эрте кетип кеч келет, андай убактарда кызганчу болду Гүлсүнай, бир күнү түн бир оокумда келгенде:

- Чынгыз, кайда жүрөсүң, ушул убакка чейин ишиң барбы? - деди.

- Иш да алтыным, сен тынч жата бер, - деди өөп, андан кандайдыр бир чоочун аялдын атырынын жыты бур дей түштү.

- Эмне жыттанып калгансың?

- Кандай? - Чынгыз чекесин тырыштыра карап калды.

- Атырдын жыты, көйнөгүңдү дагы аябай кармалаган го?

- Койчу Гүлсүн, кайдагыны айтасың, иш боюнча жүрөм да, - деп кийимин чечип ары койду, - Жаман ойлобочу жаным.

- Мейли, мен ойлобоюн, сага башка ооз ачпайын, бирок азгырылып барып өзүң билбей калба Чынгыз, Кунайды ойлон, мен дагы минтип ооруп калдым, ага сен керексиң, - деди ызага мууна кылк жутуп.

- Койчу жаным, сен эми сакайып калбадыңбы, Кунай болсо менин алтыным да, аны ойлобой анан, кабатыр болбо мен силерди таштабайм, - деп Гүлсүнайды имере кучактап алып жүрөгү шуу дей түштү, анткени арыктыгынан сөөктөрү аркайып кармаган колго сөөк урунат.

- Кызганбайм, бирок сыйлайм Чынгыз, кызыбыз турат.

- Кам санаба, иш жаным иш, - Чынгыз чалкасынан түшүп жатып калды: "Ушунчалык арыктаган экен да, адамды эт кармап турат экен да, байкушум десе аябай кыйналды, эртең врачка алып барып текшертип келейин", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Курманжанды болсо Гүлсүнай ооругандан бери Сайра алып жатат, тузу жок ичкенге алы да жок, эки-үч күндө бир келип Тынар көрүп кетет, кетип жатып ыйлап алат, ошентип куу турмуштун айынан бир кездеги ички жарааты күчөп Гүлсүнай кайрадан ооруканага жатып калды. Ичегисинде бар дешти, бирок так далили жок болуп кыйнала берди, акыры Канатбек баягы табыпка алып бармак болуп Маратбекке чалды эле ал келе бергиле деп айтканда Чынгыз аны ооруканадан унаасына жөлөп таяп салып алып айылга жөнөдү. Табып тамырын кармап көрүп эле:

- Ичегилерде жара бар, жоон ичеги дагы иштен чыккан, - деди башын чайкай.

- Сакайып кетеби аба, дабаасы табылабы? - деди Чынгыз.

- Кө-өп дарыланышы керек балам, мен чөп дарыларды берем адегенде, анан күрүчтүн суусун ичсин, капустаны сууга кайнатып суусун ичсин, башка тамак ичкенге бобойт, бир жумада өзгөрүү болсо анан көрөбүз, - деди.

- Жакшы болуп кетсе эле болду аба, эч нерсемди аябайм жубайымдан.

- Албетте, жубайынан жакынынан эч ким эчтеке аябайт, бирок кудайдан башка айла жок, - Табып алакан жая сүйлөдү, - Бир жумада көрөбүз.

- Макул, - деп Чынгыз Гүлсүнайды чоң атасыныкына алып барды, бирок аны өзү карабаса болбосун түшүнүп жумушун таштамак болду. Асел келинине табыптын айткандарын кайнатып берип, чөп демдеп ичирип жатты, бир жумада Гүлсүнай бир аз түзүк болуп калды, иштен биротоло чыгып келем деген Чынгыз кечигип жатты, табып аны көрүп:

- Кызым жылыш бар экен, бир жылдап ушундай тамактанышың керек, абдан жакшы болмоюнча аралашканга болбойт, - деп кайрадан дары жасап берди, ошентип ал жаны менен алек болуп жатканда Чынгыз жумуштан чыкканга арыз берип чыгып келе жатканда айыл өкмөттүн катчысы алдынан чыкты:

- Кетип жатасыңбы Чынгыз?

- Ооба, кетпесем болбойт.

- Ошончолук зарылбы, мени унута баштадың, - деп ойсоңдой кашын серпип койду, - Эмне аялың урушуп иштетпей койдубу?

- Зарина, аялым ноокас, кетүүмө туура келет.

- Бүгүн үйгө барчы, сүйлөшчү сөз бар, келбей койбо-о, - деп жылмая басып кетти, Чынгыз ага кандайча арбалып калганын өзү дагы билбей калды, ошол күнү ал Заринаныкында болду: "Эртең акчамды алсам кетем", - деп өзүн алдап аны менен калып калды, Зарина күйөөдөн чыккан отуздардагы келин, Чынгызды көптөн бери азгырып жүргөн эле, ал келгенде дасторконун жайнатып тозуп алат, өзү көкүрөгү ачык көйнөк кийип сандарын булайтып винодон куюп берип экөө андан соң төшөккө киришет. Бүгүн дагы анын бир бөлмө үйүнө келди, Зарина аны жаркылдап тозуп алып аппак алтынга толгон билектерин мойнуна ороду:

- Келдиңби, келбей коебу? - деп ойлодум эле...

- Келдим Зарина, бирок бул акыркысы болсун.

- Макул-макул эми, келбей жатып кетем дей көрбө.

- Кетишим керек, келинчегим кызым күтүп жатат.

- Кетесиң, кармабайм Чынгыз, - Колунан жетелеп келип отургузду, - Менин сага эмне даярдаганымды көрчү, - Жылмая үстөл үстүнө эңкейгенде анын ачык көкүрөгү даана көрүнүп Чынгыз көзүн тартып алды: "Мен эмнеге буга тартылып туруп алдым, же сүйүп калдымбы, такыр баш тарта албайм, Гүлсүнай эмне болду", - деп ойлонуп ажатканага бармак болуп кирип алып телефонун чалды:

- Алоо Гүлсүн, акыбалың кандай, жакшы болуп калдыңбы? Ооба буйруса эртең барып калам, кабатыр болбо Эмирдин аялы карап жатабы? Барам буйруса расчет айлыгымды алып алайын, - деп сүйлөшүп жатканда:

- Жаны-ым, бол эрте, тамак муздайт, - деди эле өчүрө салды, Зарина атайын угузгусу келип ошенткен болчу, ал чыгып келгенде жасакерлене карады, -Тамак даяр мырза, ушунча дагы маалкатасыңбы?

- Эчтеке эмес келдим го.

- Чынгыз, эми мындан өзүң куй, - деп винону жылдырды, Чынгыз вокалдарга аз-аздан куюп экөөнө койду, - Кел эми сенин ишиңдин ийгилиги үчүн.

- Мейли, сенин дагы ишиңе ийгилик.

- Алып жибер Чынгыз, - деп Зарина аны алдырып ийип өзү алды, көпкө чейин тамак менен вино ичкенге кызый баштаган Зарина үстүндөгү ачык халатын чечип таштап анын маңдайына келди, - Өөп койчу суранам мырза жигит.

- Шашпа эми, азыр, - деген Чынгыз колундагы вокалды коеору менен ал аны өзүнө тартып оозуна жабышты, - Зарина кое тур дейм, - Чынгыз анын оозун түртүп өйдө болду:

- Сүйчү мени Чынгыз, сүйүп койчу! - деп аны чечинтип алып үстүнө жыгылды, ошентип алар түнү бою бирге болушту, түндөсү суусаганда Зарина ага уйкунун дарысын кошуп берип койду, ошол бойдон кайра кечке маал ойгонуп башы ооруганынан вино ичти, кайрадан тамак менен вино ичип эс алган соң кайрадан бирге болуп үчүнчү күнү шишип барыгып калгандыктан чыга албай кечке жатты да эптеп Заринадан кутулмакка үйдөн чыгып кетип калды, ал күнү аны көргөн Сайра:

- Каякта эле жүрөсүң балам, аялың бир алда ооруп жатса бул жүргөнүң болбойт, - деди капалана.

- Апа, иштер менен жүрөм да, ойногон жокмун.

- Гүлсүндү бирөө карашы керек, апам болсо өзү эзилип бышкан өрүктөй зорго турат, анда мен барып карайынбы? - Чынгызды суроолуу карады.

- Эртең өзүм барам, бүгүн акчамды алып алайын.

- Мейли, тиги жаш келин бечара жакшы карай албайт, дарыларын ичип жатыптыр, - деди Сайра уулун жактыра бербей, Чынгыз унчукпай кирип жатып алды, кечке соолуп жатып кечинде баняга түшүп алып эртеси айыл өкмөтүнүн кеңсесине барып эле кассирге кирип сураса акчасын берди, ошол эле күнү ал айылга кете берди. Гүлсүнай төшөктө жаткан, адегендегиден түзүк көрүндү.

- Кандай, акылба жакшыбы? - деп эки бетинен өөп колунан кармады, - Өңүң түзүк болуп калыптыр.

- Бир аз дурусмун, - Гүлсүнай улутуна көзүнө жаш алды, - Чынгыз, мен үмүт этпей калдым, менин көзүм өткөнчө жанымдан кетпечи, андан кийин сенин тагдырың дагы бирөөгө байланат...

- Гүлсүн антпечи, сакайып кетесиң, жаман ойлобо жаным, - деп Чынгыз анын төшөгүнүн четине башын жөлөп алып ыйлап жатты.

- Чынгыз, ыйлабачы жаным, макул сен айткандай эле болсун, Кунай жакшы жүрөбү, оорубай элеби?

- Чоңоюп жөрмөлөйүн деп калды.

- Апам менен сүйлөштүм, сен ала келсең болмок экен, биякты көрө элек да.

- Келем дедиби?

- Ооба.

- Чынгыз, келдиңби кагылайын? - деп Асел кирди, - Чоң атаң экөөбүзгө кирбедиң го балам?

- Азыр барганы жаткам чоң эне, кандайсыз? - деп Чынгыз кучакташа учурашты.

- Кудай буйруса келиним жакшы, табып эртең менен келгенде айтты, жылыш бар деди садага, жакшы болуп кетет.

- Сакайып эле кетсе экен, - деп чоң энеси менен алардын бөлмөсүнө кирди, Ызак жамбаштап төрдө жаткан, - Чоң ата, ден-соолук жакшыбы, күүлүүсүзбү?

- О кел баатыр, келген экенсиң?

- Келдим чоң ата.

- Келинди көрүп туруп жүрүп алганың эмнең?

- Иштерди бүтүрүп келдим да.

- Мейли, аман болгула балдарым.

- Тамырчы чын эле жылыш бар дедиби чоң эне?

- Ооба садага, жылыш бар деп кетти, өтүшүп кете жаздаган турбайбы кудай уруп, бу догдурларың билип-билбей эле акча алмакка дарыламыш боло берет экен да, бечара келинимди өлтүрүп кое жаздаптыр, - Асел наалып калды. Чынгыз Гүлсүнайды өзү жөлөп таяп сыртка алып чыгып, табыптын айткандарын өз ирээти менен берип карап жатты, ал бир аз жакшы болуп калганда Алмаздар келди, Марина экинчи баласын төрөп калып келбей калган. Айпери кошо келди:

- Гүлсүн, ден-соолук кандай? - Айпери аны бетинен өптү, Алмаз менен Артиз дагы өөп акыбалын сураа жатты, буга чейин телефондон сурап жүрүшкөн эле.

- Жакшы, дурус эле болуп калдым.

- Ошент ай, деги оорубайлычы.

- Айла жок да. Кудай кылбаса адам ооруюн дейби?

- Туура айтасың, иши кылса жакшы болуп кет Гүлсүн.

- Үйгө кирип чай-пай ичкиле, - деди Гүлсүнай, алар алып келгендерин кемпир чалдын дасторконуна коюп алардан бата алышты, бир-эки саат туруп кайра кетишти, Гүлсүнай акырындап дурус болуп бара жатты...

Гүлжамал Москвада жүрүп Атай экөө бирге жашап алды, бирок кинонун жаман жерлери көп болгондугунан баш тартып Атай экөө айылга баса беришти. Аны айылга алып кетти Атай, бир күнү эле Айжан телефону чырылдаганынан алса Гүлжамал экен.

- Апа кандайсыңар, атам жакшы жүрөбү? - деди ыйламсырай, Айжан сүйлөй албай ыйлап жатты, - Апа ыйлап жатасыңбы, биз жакында барабыз, азыр мен Оштомун, күйөө балаң болуп барабыз, Эрнис жакшы жүрөбү, күзүндө деп жатышат, мен болбой эки жумадан кийин бармак болдук апа, ыйлабачы апа, мен бактылуумун.

- Садагам менин, бактылуу болсоң эле болду, каралдым менин садагам, күтөбүз кызым, - деп телефон өчкөндө гана шолоктоп кубанычтан ыйлап жатты.

- Айжан, сага эмне болду? - деп кирип келген Акылбек чоочуп кетти, - Эмне болду?

- Эчтеке атасы, эчтеке болгон жок, Гүлү чалды...

- Ой кокуй күн десе, жашыксың да байбиче, ошого да ыйлайбы? - Акылбек анын жанына отурду, - Кандай жүрүптүр, жакында келет бекен?

- Сүйүнчүм бар Акыл, Гүлү эки жумадан кийин күйөөсү, кайын журту болуп келебиз дейт, - Жаштуу көздөрүн күлмүңдөтө карады, - Ал күйөөгө тийиптир да...

- Мейли, бактылуу болсун, анда камыналы.

- Ооба атасы, каманышыбыз керек, кандай жерге барды экен каргам.

- Эмнеси болсо дагы багын берсин байбиче, уят кылбагандай бололу.

- Ооба, кызым келээр күнүн өзү айтам деди.

- Ошентсе бизге жакшы эмеспи, - Акылбек чарчаганын билдире оор дем алып алды, - Буйруса кыздар орун алып калса Эрнисти үйлөнтөлү.

- Эрнисим үйлөнсө анан жеңилдеп, көңүлүбүз тынып калат, - деп Айжан өйдө болду, Жуунуп келип тамагыңды ич эми, Эрнис кайда калды?

- Балдары жолугуп калды, келип калат.

- Эмне болду апа, бир аз кечиксем эле сурай бересиз да? - деп Эрнис келип калды, - Кыздай кылып кайтара бересиздер да.

- Балам, сен бизди бага турган жалгыз тирегибизсиң, азыр заман өзгөрүлүп адамдардын пейили бузулуп турган убак, кадам сайын жаман сөздөрдү угуп жатсак кантип тынчсызданбайбыз? - Акылбек уулун карады.

- Деги да, мени менен жүргөн балдардын ата-энелери сурабайт экен.

- Алар тартиби жок, же такыр ата-энени тажаткан немелер балам, үйгө тынчтык бербесе андан көрө жүрө берсин, аман жүрсө болду дегендер чыгар, ошондой балдар бар, ичип алып үйгө тынчтык бербей тажаткандар көчө таптап калат, сен андайлардан алыс бол, адам бол балам.

- Ооба ата, мен силерди угам го.

- Баса Гүлү эки жумадан кийин келет экен, турмушка чыгыптыр.

- Чын элеби?

- Ооба, биз дагы кубанып отурабыз.

- Жакшы болуптур, Русланга көрүнгөндөй болсун, - деп алды Эрнис, анткени ал үйлөнүп алганда жини келип жүргөн эле. Алар божурап отуруп тамактанып анан аркы беркини сүйлөшүп жатышты, Гүлжамалдар келээр күнгө Элмираны чакырмак болушту. Алар Кытайга барып бир айдан кийин кайра келип окуп жатышкан, Болот менен Женя Элмираны өз кызындай көрүшөт, Абай экөө ынтымактуу, жазда кетмек Кытайга. Алар камынып калышты, кийит-кече, дасторконун, ал тургай жасаган төшөнчүлөрүнүн баарын даярдап союшун камдап коюп күтүп калышты, эки жума өткөндө Гүлжамал телефон чалып чыктык деп айтты эле шашып калышты, боорсогун жасап үйүн даярдап жатканда туугандары бүт келишти, Элмира менен Абай дагы кол кабыш кылып жүрөт. Гүлжамалдар түндө келишти, он эки киши менен элүү миң сом, бир бээ, кийит-кече менен союшту тирүүлөй алып келиптир. Эне бала кучакташып ыйлап алган соң конокторду үйгө киргизишип сыйлап баштады, бакылдап Карабек кудалардын кашында, Бурулкан болсо дасторкон четинде, чай куюп отурат. Атайды Акылбек менен Айжан жактырып калышты, бир кызык жери Атай менен Абай эки суунун тамчысындай окшоштугу болду. Элмира аны көрүп Абайга шыбырады:

- Сенин адашкан эгизиң эмеспи ыя?

- Жо-ок, мен жалкы эле төрөлгөм, - деп Абай күлүп калды.

- Ушунчалык дагы окшоштук болот экен ээ?

- Мен дагы таңгалып жатам, - деди Абай, ал өзүнөн эки жаш улуу агасы барын билчү эмес, төрөтканадан эле аны таенеси багаар абалым жок, жакшы багып бала кылып алганга берем, - деп айткан экен. Абай өзү билет, Болоттор баланы алгандан кийин көчүп кетишкенин дагы уккан, ал азыр аны көрө элек, бир сыйра чай ичилген соң союшту бата кылып союшту, ошондо гана Элмира, Гүлжамал менен сүйлөшүп туруп Атай менен Абайды тааныштырмак болду:

- Гүлү, Атай Абайга аябай окшош экен, - деди Элмира.

- Койчу, кантип эле?

- Чын, азыр көрөсүң го, - дегенче Абай келип Гүлжамал менен учурашып туруп калганда Атай келди, алар бир аз учурашкан соң сүйлөшүп турушканда Атай:

- Мен сени бир жерден көргөндөй болуп жатам, Оштон эмессиңби? - деди.

- Жо-ок, Ошто болгон да эмесмин.

- Көргөндөй эмес эле окшош экенсиңер, - деп күлдү Гүлжамал.

- Ырас эле, - деп Атай ойлонуп калды, - Канчадасың?

- Жыйырма төрттөмүн.

- Ошондой де... - Атай ойлуу аны карап туруп, - Ата-энең барбы? - деди.

- Бар, эмне болду?

- Эч нерсе, - деп ары карай басып кетти, ал үйгө кирип өзүнүн тагасын чакырып чыкты, - Менин инимди багып алган адамдардын атын билесизби?

- Эмне кыласың аны?

- Керек тага, - деп Гүлжамалдардын жанына барды, - Тага, бул менин бажам экен, таанышып коюңуз, - деп Абайды көрсөткөндө Махмут элээ карап калды:

- Жакшы-жакшы айланайын, эми бир туугандай болгула...

- Бир тууган болдук да, - деп Абай күлүп койду, Атай менен Махмут кайра ары көздөй басып кетти.

- Сиз уккан жок белеңиз аты-жөнүн, - деди Атай тагасына, Махмут Атайга анча жакын эмес, атасына тага болуп кетчү, катуу ооруп жатканда Атай экиге толуп калган бала болчу, Махмут аны уулу жогунан багып алган эле, кийин эркек балалуу болгондон кийин Атай чоңойгондо ачык айтып ал тургай бир тууган иниси бар экенин сөз кылып калчу. Бирок алардын таенеси ушундай учур болоорун, кийин балдар бири-бирин издээрин билгенби жарыктык, Махмутка алардын аты жөнүн жазып берип: "Бекитип кой, кереги тиер балам, өзүм каруу күчүм болгондо бербес элем, жалгызды кудай жаратпасынчы", - деп кейип ыйлап туруп берип кеткен эле. Азыр ошону эстеди.

- Атасынын аты Болотбек Жапаров дегени эсимде балам, - деди.

- Абайдан сурап көрөйүнбү?

- Балам, абай бол, алар баланы алаары менен из суутушкан, ага багып алганын айттыбы айтпадыбы ким билет, же такыр башкадыр, кээде адамга, адам окшош боло берет.

- Мейли, эгерде бул менин бир тууганым эле болсо анда таптым, башка болсо билбейм, - деп Абай ойлуу тагасына карап, - Кириңиз эми үйгө, - деди.

- Азыр үн дебе балам, акыры жиги чыккан нерсе ачылбай койбойт, чыда айланайын, - деп ичкери кирди. Ичкери киргенде дагы Абай кирип конокторго колго суу куюп жатканда абдан таңгалышты, шыбырашып барып тим болушту. Гүлжамал менен Атай калып калды, анткени алар дагы бир оору менен ооруп калган эле, адам баласы бир нерсеге бир берилип алса баш тартыш кыйын эмеспи, алар эми өздөрү кино тармак болуп керектүүлөрүн даярдап жаткан. Махмут дагы жардам берди, эми студия ачам, - деп жүгүрүп жүрүп кечинде келсе үйдө Болот менен Женя отурган, алар Атайды көрүп таңгалып туруп калышты. Айжан аларды кешик менен жеңетай тоюна чакырып эл кеткен соң өздөрүнчө коноктоп отурган. Атай келгенден кийин алар негедир кетмек болуп калышты, Атай анын Абайдын ата-энеси экенин билгенде унчуга албады. Шашыла чыгып кетишти. Туюк сыр билинбей акырындык менен ачылгансып бара жатты, Болот үйүнө бараары менен:

- Женя, бул бала биздин Атайдын өзү го? - деди.

- Мен дагы ошентип ойлойм, айла жок кудайым аларды бириктирип жатса эмне кылабыз? - деп Женя үшкүрүндү.

- Абай билбеди бекен?

- Ким билет, экөө тим эле союп каптагандай экен тобо.

- Мейли, унчукпай туралы, ачылса ачылат да байбиче, кудай бербесе да ушуну буйруду, өз балабыздай көрүп, мээримибизди төгүп багып жатабыз, - деп Болот терең дем ала тынчы кетип жатты.

- Ушундай болоорун билгенмин Боке, ошондо эле ажырашып кетмек бала-чакалуу болуп калат элең, эми бир тууганы табылса сенин жүрөгүң ооруса менин да жүрөгүм сыздайт го? - Женя ыйламсырап жатты.

- Кой байбиче, анда сенин абалың эмне болот эле, өмүр бою өз сүйүүбүз үчүн жашадык, артыбызда бакма болсо дагы уулубуз бар, Абайым акылдуу бала, ачык айтып басып кетпейт, биздин байлыгыбыз ар кимде калбай өзүбүз мээрим төгүп баккан балабызда калат, капаланбачы алтыным, - деп бири-бирин сооротуп отурушканда Элмира менен Абай келип калышты.

- Келдиңерби балдарым? - деди Болот аларга.

- Келдик ата, бир жакка бардыңыздарбы? - деди Абай, анткени алар кийимдерин чечишкен эмес эле.

- Ооба уулум, кудалар кешикке чакырыптыр, азыр келдик.

- Жакшы, - деп койду Абай, ал Атайды көргөндөн бери кыжаалат болуп: "Менин бир тууганым бар болсо керек, бул деле билбейттир, менден эки жаш улуу экен, демек биз бир тууган окшойбуз", - деп оюнун өтөлүнө чыга албай жүргөн.

- Ата, - деди Абай, - Менин атымды өзүңөр койдуңар беле?

- Эмнеге сурадың уулум? - Болот көңүл бура карап калды, Женя аны карады, - Атың жакпай жатабы?

- Деги да, жагат эле.

- Мен өзүм койгонмун, Абай деген казактын романын окуп ошондой жазуучу болсун, - деп койгонмун да уулум, - Өзүн зордоп күлгөн болду.

- Жазуучу болбосо деле аман жүрсүнчү садагам, - деп кошумчалады Женя.

- Болуптур ата, жөн эле сурадым да, - Абай дагы күлдү. Андан соң Элмира аларга арыдан бери тамак жасап келди, кечки тамагын ичишкен соң өздөрүнүн бөлмөсүнө киргенде Элмира:

- Эмнеге антип сурадың? - деди.

- Билгим келди да.

- Бир нерседен күмөнүң барбы?

- Кандай күмөн?

- Атай экөөбүз бир тууган эмеспиз деген күдүк оюң болсо керек.

- Ошондой, мага эч ким бир тууганың бар деген эмес...

- Балким андай эместир?

- Түшүнө албай калдым, сураш керекпи же...

- Эмне деп?

- Өз ата-энеси бекен, Гүлүдөн сурап көрчү баса.

- Алар студия ачабыз, - деп жүгүрүп жүрүшөт.

- Мейли, ачса ачсын, бирок мага бир гана чындык керек Эля.

- Түшүнөм жаным, - Элмира күйөөсүн өзүнө каратып өөп койду, - Эртең атамдыкына барып келбейлиби.

- Макул, айтып кетели.

- Ооба, бир эки күн туруп келеличи.

- Атамдар эмне дейт анан?

- Макул-макул, бир жатып келели ээ?

- Ооба, - Эки жаш кучакташып жатып калды, эртеси ээрчишип алып дем алыш болгондуктан атасына жөнөштү, Гүлжамал менен Атай дагы үйдө болчу, алар келгенде Атай менен Абайдын көздөрү чагылыша түштү, экөөнүн тең жүрөктөрү тартылыша болк этип алды.

Айжан кыз-күйөөлөрү чогуу келгенге кубанып өзү аш басып кирди, алар чогуу сырттагы сөрүүдө сүйлөшүп отурушту, Элмира бир убакта:

- Апама жардам берейин, - деп туруп кетип Гүлжамалды чакырып алды, ал экөөнү ээн сүйлөшүп алсын деген ойдо болгон эле:

- Абай, мен сенден бир нерсе сурасам болобу? - деди Атай.

- Сура жезде, - деп Абай жалтаңдай жер карады.

- Канча бир туугансыңар?

- Өзүм эле, жалгыз баламын.

- Түпкүлүгүңөр ушул Чүйдөнбү?

- Ошондой го, аныгын сурабапмын.

- Жакшы-ы, - деп Атай унчукпай калды.

- Өзүң канча бир туугансың жезде?

- Менден кийин бир иним бар.

- Канчада?

- Беш жаш кичүү.

- Өз ата-энеңизби? - деп Абай сураганда ал жалт карады:

- Эмнеге сурадың?

- Сурагым келди...

- Сенин ата-энең дарыгер эмеспи?

- Кайдан уктуңуз? - деп жиберди Абай.

- Сурадым да.

- Ооба бакма баламын, - деди Абай ары караган бойдон көздөрүнө жаш толо, - Бирок ата-энем бакма экенимди билгизгиси келбейт, мага балдар айткан.

- Абай!

- Эмне болду?

- Бир боорум! - Атай аны кучактап калды, экөө көпкө кучакташып ыйлап жатышканда Гүлжамал менен Элмира байкатпай карап турушса Айжан аларды көрүп:

- Эмнени карап жатасыңар тентектер? - деп алар караган жакты карап эси оой үн-сөзсүз туруп калды, көптөн кийин, - Бул эмне, эмне болуп жатат? - деди экөөнө карай.

- Апа, азыр түшүндүрүп беребиз, басыңыз биякка, - деп экөө колтукташа ички бөлмөгө алып кирип айтып беришти.

- Бечара-а, - деп Айжан шалдая отуруп калды, - Капырай, окшошунан ойлоп койдум эле, ушунча дагы окшош адамдар болот экен деп.

- Ошондой апа, эми эмне дешээр экен, эч кимиң унчукпагыла, - деди Элмира.

- Ага эмне демек элек ботом, тамак даяр болуп калды, чакыргыла эми.

- Кое туруңуз апа, буктары чыгып сүйлөшүп алсын.

- Макул, - деп Айжан кайра веранданын терезесине келсе экөө бөлүнүп отуруп калышыптыр, кайра кирип, - Барып үйгө чакыргыла, - деди. Атай менен Абай бири-бирин таанып билгенден кийин күндө жолугуп турушат, Атайда ата-энесинин жаш кезде түшкөн сүрөтү бар эле, аны көрсөтүп чоңойтуп алышты. Көп өтпөй Атай менен Гүлжамал бир бөлмөлүү үйдү батирге алып ошол жерди студия кылып чакан сценарий жазып кино тартмак болушту.

Абай агасынын ишине жардам берип жүрдү, алардыкына Элмира экөө күн сайын барып турушат. Айылдан бир күнү Махмут келип калды, ал андан ата-энесин сурап ошол экенин даана билишти, ошондо гана экөөнө ал болгонун айтып берди. Болот менен Женя күдүктөнгөнү менен уулунан шек билишпеди, күндөгүдөй эле келип кетип окуусун окуп жаткан, бир күнү Болот:

- Уулум, сага бир машина алып берели дедик апаң экөөбүз, - деди.

- Кандай машина?

- Өзүңө жакканын.

- Тойота камри алсам болобу ата? - деди кубанган Абай.

- Болот уулум, сенден аяган акчаны жер жутсун, - деп бакылдады Болот.

- Уре! - Абай кубанычтуу кучактап өөп алды, чынында ымыркайында багып өстүргөнгө башкадай сезилбейт деле, бирок ар кимдин айткан сөздөрү анын өз ата-энесин ойлоого мажбур кылган, ала кушту атынан айт дегендей эле деген эл да, оозу менен жер шыпырган узун кулак ушакчылар баланын сезими менен ойноп жүрөгүнө так салган. Канчалык бөлөк экенин ойлонуп турса деле буларды кыя албайт эле, Атай агасы экенин билгенден бери ого бетер ата-энесине жакын болуп кетти, анткени бир тууганын жөлөк кылып аларга билгизбей көңүлүн калтырбай сыйлоону тура көрүп калган.

- Ой атта-аңдын гөрү десе, - Болот кубана күлүп калды, - Үй-бүлөө күтүп калсаң дагы эркелигиң калбайт да, болду ушул базарда сөзсүз барып машина алабыз.

- Болду ата, сүйлөштүк ээ?

- Сүйлөштүк, келин экөөңөр окууга өз машинаңар менен барып келип турбасаңар кыйналдыңар го?

- Кыйналган деле жокпуз, бирок машина керек ата.

- Болуптур балам, - Саамга ойлуу туруп анан, - Бажаң кандай жүрөт, алар Ошко кеттиби же? - деди сынай карап.

- Кетпептир ата, киностудия ачып жатышыптыр.

- Оо азамат экен анда.

- Ошондой, экөө киного тартылышканда таанышыптыр да, эми өздөрү кино тарткылары келишет экен.

- Колунан келсе тартсын, аракет кылса берекет деген, өзү да тың көрүнөт, оңой эмес ишке белсенгенине караганда.

- Тажрыйбасы жок экен, бирок өзү көргөнүн жасай алам дейт.

- Азамат, иши боло берсин, - деп унчукпай калды, бир күнү эле Женя көрүнбөй калды, Абай сураса: "Кеминде бир агасыныкына кетти", - деп койду. Женя ошол кезде Ошко кеткен, ал Атайды иликтеп, апасынын фамилиясы аркылуу башка баласы бар жок экенин билип келмек болгон. Адегенде эле айыл өкмөтүнө барып Мухамадов Кабиржан дегенди издетип архивден тапты, анан анын баласын издетти: "Мухамадов Атай", - дегенди көрүп апасынын аты жөнүн тактады: "Демек Абайдын бир тууганы бар экен да, ошол тура, эми ал билип калса уулубуздан айрылып калабызбы", - деп келээр келгенче ыйлап келди Женя.

Ал келгенде Абайлар жок болчу, Элмира экөө унаа менен Атайларга барып аларды сыйлап кафеге кирип ал күнү ойноп жүрүшкөн, Элмира менен Гүлжамал бири-бирин эже сиңдидей көрүп жакшы мамиле жасап калган. Атай менен Абайдын бир туугандыгы аларды ого бетер жакындатып койду, Женя кирип келгенде эле анын көздөрүнөн билди Болот.

- Дагы ыйлапсың ээ? - деди капалуу.

- Ыйлаганга жаралсам ыйлайм да Боке, - Кирип эле отуруп калды.

- Таптыңбы?

- Ооба, агасы бар экен, эки жаш улуу...

- Демек ошол экен да?

- Ооба, кыйчалыштыгын карасаң Боке, мындай болот деп ким ойлоду дейсиң, арга жок акырына чейин күтөбүз да, - Экөө көпкө чейин унчукпай калды, эмне ойлогонун ким билсин, аларга дагы кыйын болду, күн өткөн сайын уулун аңдып: "Эмне деп айтаар экен, бир тууганымды таптым, силер мени багып алган турбайсыңарбы, эмнеге бир тууганың бар деп айтпадыңар", - деп басып кетеби деп ойлонушат, бири-биринен ойлорун жашырышат. Бечаралар сары убайым менен кеч киргизип, таң атырышчу болду. Болгону күндүзү жумушу бар, ал менен алаксып анча билбей калышат, Абай ан сайын зымыраят, аңгыча Элмиранын кош бойлуу экенин билип абдан кубанышты. Адам баласы өзүн жаман ойлордон тазалабаса ооруга чалдыгаары шексиз, бир аз кубаныч ал экөөнүн көңүлүн ачып койду. Бул кезде Гүлжамалдын дагы боюнда бар эле, врачка көрүнүшүп алар уулу болоорун билип кубанычтары койнуна сыйбай жатты. Руслан ичинен Гүлжамалга жини келип: "Көрөм кандай күйөөгө тийгениңди, менден качып барып акыры күйөөгө тийипсиң", - деп кекенип жүргөн.

Бир күнү Атай өз үйүндө калып ата-энесиникине келип кире берээрде жолугуп калды.

- Кандай максаттуу кыз? - деди кекеткендей.

- Жакшы, өзүң кандай, куш бооң бек болсун.

- Мени кой өзүңдүн күйөөң кут болсун.

- Рахмат.

- Гүлжамал, акыры күйөөгө тийет экенсиң жакпайсың, - деп эле койбойт белең? - деди ага таарынгандай.

- Руслан, өткөндү козгоп кереги эмне.

- Мага керек, сенден ошол жоопту уккум келет.

- Менин сага жообум жок! - деп ылдам басып кирип кетти, Руслан үн дебей кала берди, анткени анын ичи билинип калган, ошол учурда Гүлназдын ичи беш айлык болуп калган эле. Ал өтө жаш болгондуктан көзүн карап турат, Атыр андан бетер келинге жакшы чыккан, жумушту көп жасатпай коргоп турат. Тоту эне тез-тезден келип, алар дагы барып турушат, Гүлназ өтө эле тартынчаак, жумшак ак көңүл келин болду. Руслан келинчегине имерилип жакшы көрүп бара жаткан, болгону Гүлжамалдын күйөөгө тийгенин укканда ага бир жолугуп көрүүнү ойлонуп калган, Атыр болсо Айжанга таарынып кирип чыкпайт, көрүшүп калса көңүл кош гана учурашып коюшчу болгон. Ошентип бир кезде кудача болуп бири-бирин чакырмайын ысык чай ичпеген адамдар салкын болуп калышты, Айжан чынында Элмира күйөөгө тийгенде деле, Гүлжамал келгенде деле чакырды, бирок өзү келбеди Атыр.

Гүлжамал өз бактысына ыраазы, Атай анын көзүн карап турат, Акылбек эки кызын бирдей көрүп үйгө тез-тез чакырып аларга турмуштук көргөн билгенин, жашоонун таасирин айтып керек жерде аларга акыл кошуп турат. Бир жакшы тамак жасалса Айжан экөө телефон чалып чакыра коюшат, эми Эрнисти чогуу ортого алып үйлөн, - деп кыстай башташты. Ал көрөйүн, - деп кутулду, ошол кезде ала жаз келип айланада кылтайып көк чөптүн башы көрүнүп калган, бүчүр байлаган дарактарга жылуу жактан учуп келген канаттуулар шамал менен жарышып турган убак. Элмира уул төрөп Акылбек менен Айжан ээрчише төрөтканага келишти, көп өтпөй Абай менен Атай, Гүлжамал болуп чогуу келишип гүл көтөрүп келип кубанып жатышты, андан бир ай өтпөй эле Гүлжамал төрөдү, үйүндө базар болуп оңуп калышты. Болот менен Женя дагы келип уул-келинин алып кеткени келген, анткени Айжан үйдөн тыңып кетсин, - деп төрөтканадан алып келип алган эле. Аларга тушташ Руслан да кыздуу болду, ошондо гана Атыр бекер таарынып жүргөнүн ойлонуп Айжанга келди, эки небересин жууп берейин, - деп коньяк алып алган. Экөө көпкө чейин отурушту:

- Кыз деген ушул экен Атыр, өз-өзүнчө үйлөрүнө кетип калышты, уулумду үйлөнтпөсөк болчудай эмес, - деди Айжан күлүп.

- Ооба, кыз бирөөнүн бүлөсү эмей, менин тыйтайган келиним дагы кыз төрөп үйүбүз базарга айланды, ошону эле карап, көзүн ачты, уктады, ойгонду, - деп турабыз тобо, - Атыр бир башкача кубаныч менен айтып жатты.

- Ошентсин, сен экөөбүз болбогонго таарындык, көрсө ар бир пенденин тагдырын өзү чечип коет экен да, биз ойлогондой болсо каалаганыбызды кылбайт белек, - деп Айжан Атырды далыга таптады.

- Ошону айтпайсыңбы, сен дагы эчтеке эмес, мен калп эле таарынып жүрүптүрмүн, - Каткырып алды, алар ичтеги таарынычын ошентип жазышты, буйрук насип экенин түшүнүштү, күлүштү кээ жеринде ыйлашты кызыгандан кийин кыскасы алланын буйругусуз эч нерсе кыла албасын кайра-кайра айтып жатып бөлүнүштү. Айжан катуу уктап калган, Акылбектин келгенин дагы туйган жок, ал кирип келип эле үстөлдө турган коньяктын бөтөлкөсүн көрүп таңгалды жыйырма жылдан бери мындайын көрбөгөн, андан кийин Эрнис келди:

- Үй эмне жыттанат, апама эмне болгон?

- Чү-үш, унчукпа уулум, бул дагы бир көңүл ачкысы келгендир, неберелерин куттуктап тааныштары ичирсе керек, - деп акырын ашканага кирсе тамак да даяр экен, Эрнис экөө жылытып ичип анан жатып калышты.

Эрнисти үйлөнтүүгө катуу камылга көрүп жатышты, ал сүйлөшкөн кызын жөн гана ала качып алмак болду, ал Маратбектин кызы Майрам студент, Арабаевада окуйт. Эрнистин Майрам менен сүйлөшкөнүнө көп эле болгон, ал Канатбектин үйүнө жаңы келген, Канатбек менен Акылбектер карама-каршы көчөдө турушат, бирок бири-бирин таанышат, мамиле жасаган эмес, келин келет, - деп даярданып коюшкан, Абай ага өз машинасын берди, достору менен барып Майрамды ала качып келди эле дароо эле эки күйөө баласы менен Карабектин бир баласын ачуу басарга жөнөтүштү. Канатбек күпүлдөп аларга ачуусу келип агасына чалды, ошентип ачуу басарды айылга алып кетишти. Маратбек түшүнүктүү жана эмеспи, эки бала бактылуу болсун, - деп бакылдап ачуу басар алып баргандарды мас кылып кийит кийгизип жөнөттү. Майрам толугунан келген татынакай келин болду, кууп келгендерди салт боюнча сыйлап, кудалары кошо келип узатышты. Той өткөргөнгө бир күндү белгилешти, ошентип Канатбек менен Акылбек куда болуп калды, канча жыл коңшу болуп бири-бирине киришпеген адамдар кыз аркылуу тааныш-билиш эмес ысык кудалардан болуп калды.

Гүлсүнай ошол кезде бир аз жакшы болуп калган, ага дагы эле мүнөздөп тамак беришет. Кунай текилдеп жүгүрүп тили сала-була чыгып калган. Чынгыз жумушунан чыгып алган бойдон иштебей бош жүрөт, анын телефонуна жан койбой Зарина чала берет, ал өчүрө берет, бир күнү Гүлсүнай:

- Эмнеге албайсың, сүйлөшүп койбойсуңбу? - деди.

- Жумуштан чалып жатат, келесиңби дейт го.

- Чакырса барып иштей бер.

- Сен жакшы болуп кетмейинче иштебейм.

- Мен эми жакшымын Чынгыз, иштей бер.

- Жок, сен али күчүңө кире элексиң, - деп Чынгыз болбой чыгып кетти, ал телефонун таштап чыгып кеткен экен СМС түшкөндө Гүлсүнай көрүп ачып окуп жүрөгү ооруп чыкты, Чынгызга билгизбей кайра коюп койду: " Чынгыз, мени унуттуңбу, мен сени биротоло кармап калбайм, аялыңды ташта дебейм, бир келип кетчи, сагындым сени Чынгыз", - дегенине көңүлү ооруп унчукпай жатып калды. Тынар болсо соодасы жакшы болуп баласы экөөнүн иши жүрүп бутуна туруп калган, кызынан кабар алып келип кетип турат. Чынгыз эшиктен кирип бир жакка жөнөмөк болду:

- Жумушуңа барасыңбы? - деди Гүлсүнай.

- Ооба, эмнеге чакырып жатканын билейинчи.

- Зарина билеби? - дегенде жалт карады Чынгыз.

- Эмне, аны кайдан билесиң?

- Билем, эгерде ал сага жакса мен уруксат бердим.

- Гүлсүн, сен эмне деп жатасың?

- Чын ниетимден айттым Чынгыз, ага көңүлүң бар болсо кармабайм, болгону мага кызымды бер, мен апамдыкына кетейин, - деди көздөрү жашылдана.

- Гүлсүн, антип айтпа, мен сенден ажырабайм, бир жаңылдым кечир.

- Кечирим сураба, сүйсөң тоскоол болбойм...

- Жок-жок, мен сени башкага алмаштырганым ырас, бирок ажырашайын деген оюм жок Гүлсүн, кызым экөөңөрдү эч жакка кетирбейм, кечир мени Гүлсүн, - деп жанына отуруп алып колун кармар кечирим сурап жатты. Гүлсүн андан кийин унчукпады, достору тез-тез келип кабар алып турушат, Алмаз анын башка менен болгонун угуп Артиз экөө ага нааразы болуп турду:

- Чынгыз бул кылганың болбойт, биз үчөөбүз гана билебиз муну, Гүлсүнай минтип ооруп жатса минткениң болбоду, - деди Артиз.

- Достугубуз үчүн сага жол бергенбиз, кыз үчүн урушуп талашпай улуураак, - деп сага ыйгардык эле, Гүлсүнайдын көз жашын агызганың болбоду, - Алмаз ага карады, - Мындан ары корочье укпайлы.

- Жарайт достор, мен өзүм дагы билбей калдым, аял азгырык деген ошол экен да, Гүлсүн дагы билет, андан кечирим сурадым, экинчи андай болбойт, - деп Чынгыз башын жерге салды, - Жаңылдым достор.

- Биз сенин Гүлсүнайды сүйгөнүңдү билип сүйбөгөн кыздарга үйлөнүп жашап жатканыбызды билесиң, сүйгөн адамыбыз көз алдыбызда гүлдөй соолук, кордолуп турганы биз үчүн оор, сыйлап сыйлашып жаша досум, - деди Артиз.

- Силерге рахмат досторум, ыраазымын дайыма, эми Гүлсүнайды капа кылбайм, мындан ары бул темага кайрылбай турган бололу, Айпери менен Марина билип калса жүрөгү ооруйт, алар дагы назик аялдар, - деди Чынгыз.

- Ооба, бул тема жабылды, биз эми балдарыбыз, үй-бүлөөбүз үчүн жашай турган бололу, кана эмесе сүйүүнүн бийиктиги, таптаза бойдон сакталышы үчүн кол берип түбөлүккө жүрөктөргө сактайбыз! - деп Алмаз өйдө болуп колун көтөрдү, Артиз менен Чынгыз анын колун кармап бирдей:

- Үй-бүлөөбүз үчүн жашайбыз, - деп ант беребиз! - дешти, андан кийин үчөө каткырышып күлүп өткөндөрдү, Марина менен Айперинин кызганычын кеп кылып жатып анан тарашты.

Акылбек менен Айжан үйлөнүү тойду үйүндө өткөрүүгө даярданып конокторун чакырып эшигинин алдына кооздоп гүлдөрдү илип, дарбазага чейин гүл илип узун жүз орундук даярдап жүгүрүп жүрүштү. Тойго кудалары менен туугандары, Маратбек, Канатбек, Чынгыз Гүлсүнай менен, Сайра болуп тойдо болушту, Гүлжамал тааныш ырчыларын чакырган, шарлар менен "Эрнис, Майрам, үлпөт тоюңар кут болсун!", - деп бадырайта жазып коюшкан, ырчылар ырдап, эки жашка бак-таалай каалап жатышты. Маратбек кыз күйөөсүнө үй белек кылды, эки эжеси биригип Лексус унаасынын ачкычын беришти, Болот менен Женя дагы тойдо болушту, столдордун үстү тамакка толуп мелтирейт, чучук казы-карта турат. Ресторанда өткөн тойдон айрымасы жок, ар тарабынан чайын куюп, бири тазалап кетип жатышты. Көпчүлүгүнө бул үйдө өткөн той абдан жакты. Эки жашка арналган сөздөр айтылып, ыр ырдалып ошону менен эле бирге нике күбөлүгү берилип, анын артынан шакектер салынды, башкача болуп өткөн үлпөт той көптүн көңүлүн буруп Атыр музыканын коштоосунда ырдап берди. Акылбек менен Айжан ушул кезде жаңыдан үйлөнгөнүн, эки кызды эпке келтире албай канча кыйналышканын, акыры ынтымактын күчү менен эки атанын баласы бир туугандай болуп минтип бир тууган иниси үчүн жүгүрүп жүрүшкөнүн ойлоп бактылуу жылмайып алышты, булар азыр чексиз бактылуу эле...



Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться