Айгүл ШАРШЕН


"Табышмактуу тагдыр"


Гүласыл жалгыз кыз, атасы жашында өлгөндөн кийин Толкун кызын ойлонуп кайра турмушка чыккан жок. Гүласылды каалагандай багып өстүрдү, көздөрү бакырайган татынакай кыз болду, Толкун кызына ар дайым атасына окшош экенин айтат, үйдөгү апасы экөө түшкөн сүрөттү көрүп дагы өзү атасына куюп койгондой окшош экенине ишенген. Бектемир кудайы момун жоош киши эле, Толкун экөө кезинде бири-бирин арзышып баш кошушкан, эгиздин түгөйү. Бектемир, Кантемир, - деп ата-энеси ардактап баккан балдар эле, кийин Бектемирдин жүрөгүндө шум бар экен дешип врачтар карап турушчу. Үйлөнгөндөн жыл өтпөй оорусу күчөп кызы алты айлык кезинде эле көз жумуп кете берген. Кантемир аларга жардам берип турат, Гүласылдын көзүн карап бир тууганынан калган табериктей каалаганын алып берип балдарына кошуп жайлоого алып кетип, кайда барам десе ою менен болот. Ата-энеси Бектемир өлгөндөн беш-алты жылдан кийин эле ооруп оо дүйнө салышкан.

Гүласыл мектепти бүтөөрү менен эле мединститутка окуйм, - дегенде Кантемир өзү дайындап киргизип кеткен, сабакты жакшы окугандыктан ал кыйналбай өтүп кыздардын жатаканасынан орун алды, окууга баш оту менен берилип окуп китепканадан чыкпайт, кыздар бошогондо кино-театрга барышат, ал барбай окуганы окуган, бир күнү жакындан бери таанышып ынак боло баштаган Салиянын бир тууган агасы Жапар келип калды, ал Гүласылга:

- Жүрү агам мени кафеге алып барып, шаар кыдыртам, - деп жатат, сен биз менен барып келчи, - деп калды.

- Уят го, барбай эле коеюнчу.

- Барып келчи эми, - деп Салия болбой ээрчитип алды. Жапар экөөнү шаар кыдыртып, сүрөткө түшүп, ашканадан тамактанып кайтышты. Жапар карындашына акча алып келген экен, алты эркектин ортосундагы бир кыз эле, ошол үчүн кызынан сары санаа болуп, ата-энеси жөнөткөн. Жапар Гүласылды жал-жал карап коюп жатты, ал дагы ага мурда бир жерден көргөндөй эркин сүйлөшүп отурду. Кечке маал гана аларды жатаканага жеткирип коюп кетти Жапар, ошондон кийин Жапар тез-тез келип жүрүп Гүласылга ашык экенин билгизди, экөө кыз-жигит болуп калганын Салия сезди, бирок курбусу ага жаккандыктан унчукпады. Бирок алардын келечек бактысы кыска экенин сезген жок, Жапардын туруксуздугу болбогондо балким алар бактылуу болушмак. Экөө бири-бирин көрбөсө турбай калганда Жапар Гүласылга бир күнү:

- Гүлү, мен сени көрбөсөм чыдай албайм, канткенде бирге болобуз? - деди.

- Азыр болбойт, мен окуумду бүтүрүшүм керек.

- Ага чейин кантип чыдайм? - Имере кучактады.

- Жапар, сен чектен чыгып бара жатасың.

- Эмнеге андай дейсиң?

- Кучактаба.

- Эмне болмок эле, - Жапар ырсалактай күлдү.

- Болбойт, мен али жигит өбө элек кызмын.

- Менин кызымсың, мен өпсөм болот да.

- Жок, андай болбойт.

- Койчу алтыным, биз бири-бирибизди сүйөбүз да.

- Үйлөнмөйүнчө мага жакындаба.


- Болуптур эми, мен сен үчүн айылдан келип иштеп жатам го, эртең бир туулган күнгө мени менен барып келчи, - Колунан кармап жалдырай карады, - Мен үчүн суранам Гүлү.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Алтыны го, мен сен үчүн баарына барам жаным.

- Чынбы? - Көздөрүн жалжылдата карады.

- Ооба, же мага ишенбейсиңби?

- Ишенем дечи, бирок...

- Гүлү, сен мени сүйбөйсүң, ошондуктан ишенбейсиң.

- Кыздардын назик таза сезимин түшүнбөйсүңөр, назиктиги сулуулугуна төп келишкен, асмандагы айдай жаркырап түндү сулуулукка бөлөгөн бир гана өзгөчө жан менин жүрөгүмдүн ээси, өмүрүмдүн жаркын жарыгы сенсиң!

- Макул, - Гүласыл ойлуу жылмая аны карап, - Сен мени ошончолук сүйөсүңбү? - деди.

- Жаным менен, жүрөгүм бир гана сен, - деп согот.

- Ыраазымын Жапар, - Гүласыл бырс этип күлүп калды, - Салия биздин кыз-жигит болуп жүргөнүбүздү билсе каршы болоор бекен Жапар?

- Эмнеге, ал сендей жеңелүү болгонду кантип жактырбасын, карындашым мага тоскоол болбойт, - деп Жапар кызды бал тилге салып турду, бир миң тогуз жүз сексен сегизинчи жылы Союз солкулдап турган курак, Гүласыл Жапарга ишенип, таза сезими, жан дүйнөсү менен берилип аны өзү дагы катуу сүйүп калганын билген соң өз тагдырын анын колуна салып берди, акыры ал жатаканадан чыгып Жапар менен батирге чыкмак болгондо Салия:

- Гүласыл, эмнеге жатаканадан кетип жатасың? - деди.

- Апамдын иниси бар экен, ошол биздикине жүр, - деп болбой жатат, - деп ага тик карай албай кийимдерин жыйыштырып жатты.

- Шаарга жакын элеби?

- Ооба, шаарда эле турат.

- Өзүң бил, - деп Салия аны узатып чыкты, - Сабактан кезигебиз да.

- Ооба, эртеңге чейин...

- Жакшы бар, - деп Салия кала берди, Жапар иштеп тамак-аш таап келет, Гүласыл сабакка барып келип тамагын жасап алып аны күтүп алат, ал Жапарга чын дилинен ишенип жүрдү, кышкы суукта эки жаш түнү бою сүйлөшүп таңга маал гана укташат, Жапар эчен сонун кооз сөздөрдү айтып көптөгөн убада бергени менен күндүзү жолуга турган ай чырайлуу Айсулуу көз алдынан кетпей Гүласылга сүйлөп жатса оюнда ал турчу болду. Жапар Айсулуу менен таанышканына аз эле болгон, бирок ал ага Гүласылдан ашкан сулуу көрүндү, же анысын же мунусун кыя албай жүрө берди. Бир күнү Гүласыл:

- Жапа-ар, ушинтип жүрө беребизби? - деди мойнуна асылып.

- Шашпа жаным, бир күнү апамдын аппак жоолугун салынасың.

- Билбейм, сен убаданы көр бересиң, аткарбайсың.

- Баары өз ирээти менен болот жаным, - деп кучактап өөп ою башкада болуп туруп айтты, - Буйруса сен менин сүйүктүү колуктум болосуң.

- Кокус...

- Эмне кокус?

- Кокус боюма болуп калса эмне болот?

- Коркпо, дароо үйлөнөбүз алтыным.

- Иши кылса апамды эл алдында уят кылбасам болду.

- Кабатыр болбо, уят кылбайбыз, эне биздин ырысыбыз, аларды эч качан уятка калтырбайбыз жаным, ойлоно бербей укта.

- Жакшы жат анда, - Гүласыл унчукпай калды, анын оюнда апасына Жапар экөө жетелешип барып, балдарын ага таштап коюп иштеп, апасын жалгыз калтырбай жанында болуу эле. Толкун Гүласыл окууга өткөндөн кийин Кантемирдин бир баласын жанына алып алган, бирин-экин малын кышкысын өзү карап уюн саап ичип турмушу ойдогудай эле, ал кырк сегизде, болукшуган сулуу аял, ага ар жактан күйөө чыгып, бирок ал кызынан тартынап болбой жүргөн, жыйырма эки жашынан бери күйөөсү жок жашап жалгыз кызы үчүн жашап келе жатканына Кантемир ойлонуп ага бир күнү минтти.

- Жеңе, эми сиз мени түшүнүңүз, Гүлү дагы чоңойду, кудай буйруп багын ачса ал да бирөөнүн бүлөөсү болот, ылайык көрсөңүз турмушка чыгып алганыңыз оң.

- Койчу бала, ушунчадан кызым күйөөгө чыгаар кезде күйөөнү эмне кылам, кадырың жан болсун, тынч эле жашайын.

- Кыз бирөөнүн бүлөөсү, алыс кетеби жакын барабы, аны билбейбиз да, сиз али жашсыз, жалгыздыктын азабын жакшы эле тарттыңыз го? - деп Кантемир дагы көп сөздөрдү айтты, Толкун ичинен кайнисине ыраазы болуп: "Ушул сөздү тээ мурун айтсаң эмне кайним, эрге тийем, - деп жалгыз кызымды терс бурулуп басып кетишин каалабайм, эрке кызым таарынып калса канттим аттиң, Бектемирди жүрөгүмдүн толтосуна катып алып өмүрүм өткөнчө жалгыздыкты жолдош кылып келе жатам го чиркин", - деп улутуна үшкүрүнүп жеңилдей түшкөнүн сезди, анан төрдө илинип турган күйөөсү экөөнүн жаңы үйлөнгөндөгү бактылуу кезинде түшкөн сүрөтүнүн алдына келди:

- Бекен, сен кандайсың деги, быйыл экөөбүздүн эки дүйнөдө, эки башка өмүр сүрүп жатканыбызга жыйырма бир жыл болуптур, кызың өзүңө куюп койгондой окшош болуп чоңойду, сени тартып сулуу, бирок өжөрлүгү мага тарткан, билүүчү дүйнө болсо кызыңды колдоп жөлөп жүр, жардам бер, - Терең дем ала күлүп алды, - мен сени азыр эле кирип келчүдөй болуп күтүп жүрө берип убакыттын өткөнүн сезбей да калдым, сени кантип жүрөгүмдөн өчүрмөкмүн айтчы?! - Ошол учурда Омор кирип келди:

- Апа, сиз ыйлап жатасызбы?

- Жо-ок уулум, - деген Толкун өзүнүн ыйлап турганын сезбептир, баладан тартына көз жашын аарчып калды, - Окууңдан эрте келгенсиң го балам?

- Ооба, химиядан берген агай келбептир, - Омор Кантемирдин эң кичүү баласы, ал Толкунду апа дейт, негизи балдарынын баары эле аны апа дешчү.

- Кардың ачса чай ичели балам, - деп Толкун дасторконун жайып май-каймагын коюп, экөө чайга отурушту. Ошол күнү анын түшүнө Бектемир кирди, негедир капалуудай аяк жагына отуруп алыптыр: "Бекен, сен качан келдиң", - деп Толкун тура калды: "Жата бер Току, чоочубай эле кой, мен сени ар убак түнкүсүн келип карап кетем, кызымды жакшы чоңойттуң, ага ыраазымын, эми сен башкага турмушка чыгып ал, мен сага ыраазымын Току", - деп заматта көздөн кайым болду. Толкун чоочуп ойгонду, жан-жагын караса эч ким жок, оор дем алып алды: "Байкушум десе, билген экенсиң го, сен дагы бизди көрөт экенсиң да, колдогонуң ырас экен да байкушум, кудайым сага тиги дүйнөңдү жарык кылсын, бейиште жаша", - деп ойлонуп андан кийин көзү илинбеди, өткөндү ойлонуп жата берди. Ошондон көп өтпөй Гүласыл келди, өңү азгын, жүзү кубарып ооруп калгандай түрү бар:

- Кызым, каралдым сенин бир жериң ооруп жүрөбү? - деп үйрүлө калды Толкун.

- Жо-ок апа, сизди сагындым, - Кучактап алып көпкө ыйлады.

- Кызым, сен экөөбүздө катылуу сыр болбошу керек, эмне болгонун айт, - деди эне бир нерсени сезгендей.

- Эч кандай сыр жок апа, - Гүласыл дароо жаркылдай карады, заматта буркан-шаркан болуп төгүп кайра ачылган күндөй кабагы ачыла түштү, - Алыста жүрүп сизди ойлонуп сагынат экенмин, ошого арыктап кетсем керек.

- Жо-ок кызым, бир сырың бар, андай болсо ачыгын айт, сүйлөшүп кеңешели кызым, чечилбеген маселе болбойт, - деп Толкун жакшы эле сурады, Гүласыл моюн бербеди, жүрөгүнүн алдында бир бей күнөө түйүлдүк жатканын айткысы келбеди. Жүзү чыдабады, кантип айтат, апасы андан ушуну күттү беле, кызым врач болуп келип эл дарылайт, адам болот, - деп күтпөдү беле, Жапар болсо күндө убада берип кечеңдетип жаткан эле. Гүласыл үч күн туруп эле акча, тамак-аш алып кете берди, ал батирине келсе Жапар келе элек экен, тамак жасап күтүп жатса келип калды, кабагы салыңкы.

- Эмнеге капасың? - деди Гүласыл.

- Иштен чыгып калдым, эми башка иш издешип керек.

- Жакшы болуптур, анда айылга кетели, мен ушинтип жүрүп төрөмөк белем?

- Иштеп жүрүп бир аз акча алып барбасам уят да, дагы бир-эки ай чыда, акча кылып алайын, - деп жатып алды.

- Мен апамдан беш миң сом алып келдим, керек болсо ошону керек кылалы.

- Жок, уят эмеспи, өзүм табам.

- Жапар, менин ичим билинип калса кантем, үч ай болуп кетти.

- Шашпа, сөзсүз алып кетем.

- Качан, апама да жашырып айтпай келдим, - Гүласыл ыйлап кирди, - Эгер билсе жалгыз мен деп жашап жүргөн апамдын акыбалы кантет эле, менден ушуну күткөн эмес Жапар, сен ойлочу менин абалымды, окуумду зорго окуп калдым...

- Капаланбачы эми, алып кетем дедим го? - Экөө көпкө кучакташып отурушту, аттиң эркектин дем, жылуу сөзү, кучагынын жылуулугу, азгырылмалуулугу кандай керемет, эми эле ыйлап жаткан алсыз кыз эми анын жакшы сөзүнө эрип койнуна кирди, эртеси экөө эки жакка кетти, Гүласыл окууга, Жапар иш издемек. Салия Гүласылдын кебетесин көрүп:

- Гүласыл, сен тагаларыңдыкынан кыйналсаң жатаканага кел, - деди.

- Жок Салия, кыйналган деле жокмун, ооруп жүрөм.

- Анда врачка көрүн, дарыланып ал.

- Жо-ок, окуудан калып калам, баары жакшы болот, - Гүласыл жылмая карады, экөө андан кийин сүйлөшүшкөн жок, бирок Салия ага ишенбеди, агасы менен бирдемеси бар экенин сезип-туюп эле турду, өзү айтпаган соң сурабады. Гүласыл окуудан чыгып эле батирине жөнөйт, баягыдай китепканага да барбайт. Ошол күнү ал тамак жасап алып күтүп жатканда Жапар Айсулуу менен ашканада отурду:

- Айсулуу, сен мага качан жооп бересиң?

- Кое тур, азыр эрте го?

- Мени атам-энем үйлөн, - деп шаштырып жатат.

- Күтпөсөң үйлөнө бер.

- Эмне, сен мени сүйбөйсүңбү?

- Сүйөм, бирок сен шашып жатпайсыңбы.

- Айсулуу, мен сени сүйөм, сенсиз бул өмүр мага эч кызыксыз.

- Ишенем, бирок али эрте, - Айсулуу ага маанилүү сөз айтчудай тигилди, - Жапар, мен сага бир сөздү айтышым керек.

- Айта бер кулагым сенде.

- Мен мурда күйөөгө чыкканмын, бир балам бар.

- Эмне качан? - Жапар аны ишенип-ишенбей карады.

- Ооба, бул чындык, сага мурун эле айтышым керек эле, бирок учуру келбеди...

- Демек, балам дагы бар дечи?

- Ооба, ата-энемдин колунда.

- Кызык, - Жапар эмне кылаарын билбей отуруп калды.

- Эми менден жооп сурабайсың туурабы? - деп Айсулуу күлүмсүрөп сынай карады, ал чынында турмушка деле чыккан эмес, Жапардын өзүн канчалык сүйүшүн билгиси келген болчу: "Эгерде мени ошончолук эле чын дилинен сүйсө келин экениме карабайт, ошондо чындыкты айтам", - деп ойлонуп турду.

- Айсулуу, мени шок кылып койдуң, он сегизге толбой жатып балаң да бар болсо качан жетиштиң баарына?

- Кызды ала качса аргасы жок экен да, мен бир көзү жок сүйүүнүн курмандыгы болгонмун, сүйөм, - деп ала качып кеткен, а мен аны сүйгөн жокмун, - Айсулуу ага калпты чындай айтып ишендирип анын дараметин сынагысы келди.

- Ошондой де.

- Сүйүү үчүн кыз же келиндин мааниси канчалык?

- Эми-и эл айтат да, биринчи түн болот, эл билип калса уят...

- Эмнеси уят, биз бири-бирибизди сүйөбүз да?

- Ошондо деле...

- Кош анда, биз эми өз жолубуз менен кетүүгө тийишпиз, - Айсулуу туруп кетип калды, Жапар шалдая отуруп калды, эмне кылаарын билбеди, көпкө отуруп анан туруп жөнөдү, ал өзүн күтүп саргайып отурган Гүласылды эстегиси да келбеди, акыры туш келди басып жүрүп келсе, Гүласыл уктап калыптыр, эшик ачылганда ойгонуп кетти.

- Келдиңби Жапар? - Тура калды, - Тамак ичесиңби?

- Жок, - деп корс, - деп чечинип жата кетти, - Чарчадым.

- Иш таптыңбы?

- Ооба, иш оор, - Сүйлөгүсү келбей ары карап кетти.

- Оор болсо иштебей эле койсоңчу.

- Жөн жатчы сүйлөй бербей.

- Жапар, эмнеге мынча ачуулуусуң? - Башын көтөрө далысына колун койду.

- Жатчы, - деп жатам, уктабайсыңбы!

- Жапа-ар...

- Уктачы, сиркем суу көтөрбөй турат.

- Макул, - деп супсуну сууй жатып калды, ызаланып ыйлап жатты: "Эмнеге мен буга алдандым, мунун кебетеси бузула баштады, же Салияга айтсам бекен, ал эмне демек эле, өзүмдүн жамандыгым да, сүйүп өлүп бара жатсам дагы ага макул болбошум керек эле, эми таштап кетсе эмне кылам, эптеп жайкы каникулга чейин чыдасам бекен, же эптеп алдырып койсомбу", - деп ойлонуп анын Жапарга деген ишеничи өчүп бир ойго токтоду да алдырмак болду, түнү бою ыйлап жатып таңга маал уктап калган экен, ойгонсо Жапар кетип калыптыр, кечээ жасаган тамагы ичилбей калды, Толкун бечара кызына, - деп атайын сүрсүгөн этти салып берген. Жүрөгүнө эчтеке баспай окуусуна жөнөдү, түштөн кийин аялдарды кабыл алчу жерге барып уялып жатып акырында кирди:

- Эже, күйөөм экөөбүз тең студентпиз, төрөгөнгө болбойт, алдырайын дедим эле, - деди саал тартына.

- Кызым, биринчиң экен, кийин төрөбөй каласың, экинчиден бала чоңоюп калыптыр, тобокелге бара албайбыз.

- Батирде турабыз, күйөөм окуудан кийин иштейт.

- Ата-энеси барбы?

- Жок, жетим бала, - Жер карап калып айтканга бети чымырай кызарып кетти, - Жардам бериңиз эже.

- Болбойт кызым, баланы төрөөдөн башка аргаң жок.

- Төрөй албайм, - деп ыйлап ийди.

- Мен сени аяп макул болуп койсом, мындай убакта өзүңө зыян болушу да ыктымал, бара гой кызым, - деп жылмая колун жая карады. Гүласыл аргасы кетип батирине келип ыйлап жатты, көптө барып басылып үмүт пайда болду: "Жапарга айтып көрөйүн, эгерде үйлөнгөнгө ою болбосо алдырганга макул болот, жаман ою болбосо анда алдырба дейт, сынап көрөйүн", - деп карды ачып кайра тамак жасап ичип жатпай Жапарды күтүп калды. Ал дагы эле кабагына кар жаап келген болчу, унчукпай тамактанып отурушту:

- Жапар, сен мага үйлөнүү оюңда жок окшойт, - деп сөз баштаганда эле ороңдоп кое берди:

- Кулак мээни коесуңбу деги?

- Мени кыйнабай ачык айт да.

- Кыйналсаң кете бер!

- Эмне-е? - Гүласыл уккан кулагына ишенбей дендароо болуп көзүнүн жашы жүзүн жууй отуруп калды.

- Мен антейин деген эмесмин, иштеп чарчап келсем баягы эле сөзүңдү айта бересиң, кечир Гүлү, - деди Жапар кайра жумшара, - Сааты келгенде кетебиз...

- Мен сени кынабайм деле, баланы алдырам дагы өз жолум менен кетем.

- Эмнеге, сага үйлөнбөйм дедимби?

- Мен эмне ушул батирде төрөймбү?

- Гүласыл, кайра-кайра айта берип башымды ооруттуң, буйруган күнү барабыз да, эмнеге эле мынчалык такый бересиң, жакында барып сүйлөшүп келем да алып кетем, - деп сооротуп бир аз жумшарган болду, бирок анын көңүлү келбегени көрүнүп эле турду, мурдагыдай болбой салкын эле, Гүласыл түшүндү, ичтен сызып жүрөгү ооруду, бирок үмүт деген жакшы нерсе анын сезимин жеңип: "Балким жумушу ойдогудай болбой кыйналып жаткандыр, көп эле сурай бербейинчи", - деп өзүн-өзү сооротуп калды. Жапар өзү менен өзү болуп кыжаалат болуп жүрүп Айсулууга жолукпай калды, бир жолу ага жолукмак болуп бара жатып чогуу таанышкан курбусу Гүлканга жолугуп:

- Кандай Гүлкан? - деп дароо эле кубанып токтотуп калды.

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Жүрөм, Айсулуу кайда?

- Үйүндө.

- Окуп жатабы?

- Ооба, эмне жолукпай калдыңарбы?

- Ошондой болуп калды, баса сенден бир нерсе сурасам болобу?

- Сура.

- Айсулуунун баласы канча жашта?

- Эмне, кандай бала? - Гүлкан таңгала карады.

- Баладай эле бала, күйөөсүнөн баласы бар тура.

- Күйөө, кандай күйөө, кайдагы бала, сен адашып алган жоксуңбу?

- Өзү айтты, сен билбейт турбайсыңбы.

- Жомогуңарды койгулачы, биз бала кезден коңшубуз, бирге окуп бирге чоңойдук, ал күйөөгө тийсе кантип билбей калайын, - деп Гүлкан күлүп калды.

- Кызык, анда эмнеге мага антип айтат?

- Мен кайдан билем?

- Ал демек мени сүйбөйт, - деп Жапар бир жагы жини келип, бир жагы жүрөгүнө кубаныч кирди, анткени ал чыныгы сүйүүгө кабылдым деп ойлоду, бирок турмуш аны кайсыл жээкке алып бараарын билбеди, ал тургай өзүнөн жакшы кабар күтүп, өзүнө ак сүйүүсү менен үйлөнөт, - деп жүрөгүнүн алдындагы наристесин көтөрүп жүргөн кыздын убал сообун ойлогон да жок.

- Балким эмне дээр экен дегендир.

- Ошондой мени сынаган экен, - Жапар кубанычтуу Гүлканга карады, - Эми сен ага айтпа, азыр ансыз дагы ага жолукканы келе жатканмын, баарына кайыл болгонмун, мага чакырып бер.

- Макул.

- Менин айтканымды билгизбе.

- Жарайт, - Гүлкан күлүп коюп Айсулуунун үйүнө кирип кетти, Жапар тынчсызданып күтүп жатты, бир кезде Айсулуу менен Гүлкан ээрчишип чыгып Гүлкан өз үйүнө кетти, Айсулуу аны суз кабыл алды.

- Кандайсың жаным?

- Жакшы.

- Мен баарына кайылмын.

- Чын элеби? - Айсулуу кубанычтуу карады.

- Ооба, баарына кайылмын, ойлонуп көрсө сени абдан катуу сүйөт экенмин.

- Жапа-ар! - Айсулуу анын мойнуна асылды, - Мен дагы сени сүйөм!

- Мен дагы, жанымдан артык сүйөм, - Экөө көпкө чейин кучакташып турду.

- Жапар, мен сени келбей коебу, - деп корктум.

- Кантип, кантип келбей кое алам жаным, ушул үч күн мен үчүн үч жылдай болуп кетпедиби, акыры сени сүйөөрүмдү билген соң сени көздөй учтум да.

- Жапар.

- Эмне болду?

- Мен бирдеме айтышым керек.

- Эмнени?

- Мен сага калп айткам.

- Эмне деп? - Жапар аны эч нерсе билбегендей карады, анын айтаарын сезген.

- Мен күйөөгө тийген эмесмин, сенин мени кандай сүйөөрүңдү билгим келген.

- Чын элеби?

- Ооба, кечирчи мени.

- Кантип ошого бардың, менин канча нервим кетти?

- Кечирип койчу, калып айтып алып сени келбей коет экен, - деп өзүмдү-өзүм кыйналдым, - Айсулуу кабак бүркөп Жапарга карады, - Кечиресиңби мени?

- Болуптур, бирок мындан кийин минтип ойнобой жүр макулбу?

- Макул.

- Сени сүйгөнүмдөн ага дагы макул болчумун, эми бул оюнуң эстен кеткис болду.

- Экинчи эч калп айтпайм ээ?

- Ооба, бири-бирибизди калп менен алдабашыбыз керек.

- Сөзүңүз кабыл алынды, - Айсулуу колун чыкыйына такап чест берип күлүп койду.

- Анда мындай, үйлөнүп албайлыбы Айсулуу.

- Качан?

- Мен сени эртең алып кетем.

- Ошончолук эртеби?

- Мен сени жоготуп аламбы, - деп корком.

- Коркпо, мен сенсиз эч жакка кетпейм, - Күлүп Жапарды өөп койду.

- Айсулуу.

- Оов.

- Сен мени сүйбөйт окшойсуң?

- эмнеге, мага ишенбейсиңби?

- Эгер сүйсөң күйөөгө тийип чыкканмын, - деп мени өзүңдөн алыстатпайт элең, эми үйлөнөлү десем качып жатасың.

- Жо-ок, сени жаным менен сүйөм Жапар, окууну бүтүп алсам дегеним да.

- Анда маселе жок, эртең сени алып кетем, кайра келип сен окуйсуң, мен иштейм.

- Жарайт, - деп Айсулуу дароо айтып жиберди, андан кийин көпкө отурушуп анан Жапардын көңүлү жайлана батирине келди, келсе Гүласыл ыйлап отуруптур:

- Эмнеге ыйлап жатасың?

- Ыйлайм да, менин боюмда эгиз экен.

- Эмне?! - Жапардын башына таш кулап тийгендей эле болду, - Ким айтты?

- Врач, беш айлыгында билинип калат экен да...

- Кызык, эгиз, - деп айттыбы?

- Ооба.

- Менин уругумда эгиз жок эле...

- Менин атам эгиздин түгөйү болчу, атамдын түгөйү бар.

- Чынбы?

- Ооба, мен сага эмнеге калып айтмак элем?

- Эртең үйдөгүлөргө барып айтып анан келип алып кетем, - деп кучактап өөп курсагын тойгузуп көңүлдүү отурду, Гүласылга көп-көп убадаларды берди, эркектик кылып, аны кучагына алды: "Эртең мен өз сүйгөнүмө баш кошом, сен эптеп күнүңдү көрөөрсүң, байкушум ай, Салиядан укканда эмне болоор экенсиң, бирок анда мен сенден алыс болом, сенин мына бул ботонукундай жайнаган көздөрүңдүн алдында жооп бербейм", - деп ойлонуп жатты, ошол эле учурда ал кийин дал ошол каталыгынын жазасын алып эгиз балдарынын эки жакта өсүп калаарын сезген да жок. Болгону ал Гүласылды убактылуу кумардын оюнчугу катары сезди, оюнда аны мазактап күлдү, бир түн болсо дагы адамдык лаззатка батып таң эрте чыгып кетти. Адегенде Салияга жолукту да үйлөнөөрүн, айылга алып кетээрин айтып анан жолуна түштү, Гүласыл эч нерседен бей капар окуусуна барды, ал келгенде Салия анын ичин көрүп таңгалган эле, бирок эч нерсе дей албады:

- Гүласыл, бүгүн Жапар байкем үйлөгөнү кетти, - деди сынай карап.

- Бүгүнбү?

- Ооба, бүгүн алып кетмек болуптур.

- Эмне, кимди?!

- Билбейм, Айсулуу деди го...

- Койчу, чын элеби? - Өңү бузула Салияга кызыктай болуп карап турду.

- Сага эмне болду Гүласыл? - Салия кармай калды.

- Эчтеке, эчтеке... - деп теңселе басып бара жатып жыгылып бара жатканда Салия:

- Жардам бергилечи, - деп кучактай калды, Гүласылдын өңү боппоз болуп эле өлүк сымал болуп калганда коркуп кетти. Дароо эле бир мугалимдин унаасы менен ооруканага жеткиришти, эки сааттан кийин эсине келген Гүласыл көзүн ачып:

- Мен кайдамын? - деди жанында отурган Салияга.

- Сен ооруканадасың Гүласыл, - деп жооп берип укканын айтпады, анткени врач ага "бул кыздын боюнда бар экен, эгиз бала, этият болушу керек", - деп айткан эле.

- Эмнеге? - Гүласыл сырын бирөө билип койгондой тура калды, - Мен кетишим керек Салия.

- Сен эч жакка кетпейсиң, кош бойлуу экенсиң, анан дагы каның аз экен.

- Эмне, врач айттыбы?

- Ооба Гүласыл, менден эмнеге жашырдың?

- Жашырбаганда эмне кылам Салия, Жапар мени алдап кетет деп күткөн эмесмин, - Гүласыл мууна ыйлап жатты, - Эми эмне кылам айтчы, сенден башкалар дагы билдиби?

- Жок, бирок дагы эки ай жайкы каникулга, акыры билинет го...

- Салия, эми эмне кылам?

- Билбейм.

- Жапар ылайым бактысыз болсун, кыздуу болсо мендей болуп кордолсун, мен анын эгиз балдарын кайда алып барам айтчы? - Боздоп ыйлап жатты, Салия үн дебеди, болгону агасына жини келип жатты, жаркылдаган жакшынакай таза кызды булгап, боюнда бар экенин билип туруп ушул ишке барганына.

- Ал билди беле? - деди көптөн кийин.

- Эгиз экенин да айтканмын, атам эгиздин түгөйү, менин ичимде эгиз экен дегенмин.

- Капаланба, мен жаныңда болом, сени өзүм карап турам.

- Качанга чейин, мен эми апама бара албайм, окууну дагы таштоого туура келет, - Гүласыл ыйлап жатты, Салиянын кыз катары агасына жини аябай келди: "Эгерде мен ушундай абалда калсам эмне болот эле, уяты жок десе, жакшынакай кызды жылтыңдап ушуга чейин жашап алып анан башканы алып кеткенин, бул деле айбанбы, ага эмнеге алданат", - деп ойлонуп жатты.

- Сен эми окууга барба, сүйлөшүп оору деген справка алабыз, - деди анан.

- Кантип Салия, Жапарга мен ишендим, сүйөт экен дедим, кечинде жакшынакай болуп эле жанымда жатты, эртең менен ата-энеме сүйлөшүп келем, - деп кеткен, - Шолоктоп ыйлап сүйлөп жатты, - Эмнеге Салия, мен бирөөнүн жалгыз кызы элем, апама көрүнө албайм, байкем эмне, - деп ойлойт, атамдын түгөйү мени окуйм десем окууга алып келген, алардын үмүтүн актай албай ушинтип атасыз бала төрөймбү, кантип карап багам?

- Анын жолун табабыз, өзүңдү жакшылап кара, көп ойлонбо, - Салия аны жооткоткон болду, бирок башка сөз айта албады, айтаарга сөзү дагы жок эле, үч күн жатып справка алды да батирине келди, ошол бойдон Салияга жолукпай калды, экинчи курсту бүтүп жайкы каникулда үйүнө дагы барбады, батирде эптеп жашап жатканда Жапар келди бир күнү:

- Гүлү, мени кечир, Салия айтты сенин кош бойлуу экениңди, ал дагы билип коюптур, менде чоң күнөө бар, эмне кылсаң да кечир, ошол учурда тигинин дагы боюнда болуп сотко берем дегенинен алып кетишке туура келди. - деп Гүласылды сүйлөтпөй эле бапылдап кирди, өзү кызуу эле.

- Эми эмнеге келдиң, болду ушул бойдон жашоомдон жогол!

- Антпе Гүлү, мен сени сүйөөрүмдү эчак эле билгенмин, аны менен жашоом деле болбой калды, - деп калп чынды кошуп сүйлөп жатты.

- Болду жетишет, сен деп энемдин жүзүн көрө албай отурам, - Гүласыл аны көкүрөктөн ары түртүп эшикке чыгармак болду, - Мен сени унутканмын.

- Кантип унутасың, балабыз турбайбы?

- Бала мага кереги жок, эптеп чыкса жоготом, алдамчы эки жүздүү адамдын баласын балам деп атабайм!

- Койчу Гүлү, кечир мени.

- Кечире турган ишпи, элге журтка шерменде кылдың, мен үчүн өз бактысын курмандыкка чалган апама көрүнө албай минтип качып жүрөм, - Көзүнүн жашы көл болуп жатты.

- Кечир Гүлү, мен сенин кадырыңды билбепмин.

- Жогол деп жатам, экинчи көзүм көрбөсүн!

- Баламды көрмөйүн кетпейм.

- Али жарыкка чыга элек баланы күтпө.

- Алтыным, асылым менин, мени кечир, - Жапар курулай эле жалынып-жалбарып жатты, - Сени сүйүп туруп башкага жөн эле азгырылдым, кааласаң азыр алып кетем, - деди анын барбасын билип туруп, анткени Айсулууну алып баргандан кийин анын апасы: "Менин кызым мындай жашоого көнбөйт, шаарга жашагыла, болбосо кызымды алып кетем", - деп айтып кеткен. Айсулуу дагы такыр көнө албай эрте турбай жатып алып, анан окуусуна карашып тез эле шаарга баса берген, өздөрүнчө батирге турабыз дегенге болбой аларды өз үйүнө алып барып алган. Ошондуктан Жапар бат эле Айсулууга жөн гана азгырылып, Гүласылдын жүрөгүн оорутканын сезип шылтоо таап ага келген эле.

- Жок, баары бүткөн, эми сенин жүзүңдү карагым келбейт!

- Койчу жаным, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дешет го, менин жаңылыштыгымды кечир.

- Өзүм кыйналып турам, кетип кал Жапар.

- Макул, сен ойлон жаным, балдарды аман-эсен төрөсөң бирге тарбиялайбыз, - деп чыгып кетти, Гүласылдын жини келип карайгандан карайды, ошондон үч күн өткөндө ал толгоо кармап калып ооруканага келди, түнү бою кыйналып эгиз уул төрөдү, бир учурда эки уулду төрөп анан кайра заматта жоготуу оңой эмес го, түн терметип кыйналып төрөсө дагы көзү илинбеди, таңга маал баары кызуу уктап жатканда барып палатадан балдарын көрүп экөөнү алмак-салмак алып өп ыйлап турду да, кат жазып, анан төрөй электе тумар жасатып койгон, экөөнүн мойнуна илип коюп жерге жарык киргенде чыгып кетип батирине келип алып буркурап ыйлап жатты: "Эмнеге, эмнеге тагдырым тайкы болду, чырактай балдарымды таштадым, эми аларды балам дегенге акым дагы жок", - деп ыйлап жатып жазган катын эстеди: "Мендей бактысызды кечирип койгула, мен алданып калган бейбакмын, балдарымдын амандыгы гана керек, сиздерден кечирим сурап, бактысыз кыз Бектеимрова Гүласыл. 1988-жыл 18-июль". Эки күн ыйлап жатып анан өзүн-өзү сооротуп жуунуп таранды да батирдин ачкычын тапшырып коюп айылга жөнөдү. Аттиң, ошондо бир-эки саат тура турганда эмне, ал кеткенден кийин Айсулуу менен урушуп Жапар келип аны таппай калды. Кайсы айылдан экенин сурап албаганына өкүнүп аргасыз Айсулуу менен жашоосун өткөрүүгө бел байлады... Гүласыл өңү азып абдан арыктап кирип келгенде Толкундун жүрөгү зырп эте сайгылашып алды: "Карангүн ай, жалгызыма эмне болгон", - деп ойлонуп:

- Кызым, кебетең эмне, ооруп калдыңбы? - деп кучактап өөп-өөп жиберди.

- Ооба апа, ооруп жатам, ооруканада жатып чыктым.

- Айтып койбойт белең анан.

- Убара кылгым келбеди...

- Убара болчу беле, кай жериң ооруп жатат?

- Ички органымда бар дейт, эми жакшы.

- Макул, эми өзүм карайм, окууңдан кыйналсаң окубай эле койчу кызым.

- Болбойт апа, окуу башталганча жакшы болуп калам, - деп апасы даярдаган чайдан ичип жатып алды, үстүнө үйрүлүп түшүп чарк көпөлөк айланган эне анын түрүнөн эле байкады, төрөгөн аял менен ооругандын белгиси башка эмеспи, кызык сөзгө тартса да сыр айтпады: "Кечээ эле сербеңдеп болоор болбосту айтып жаадырап турчу кызым эки жылда менден четтеп алыстап калганы эмнеси, бул бир балээге кабылган экен, алданып калган окшойт чунак кызым, эми кантем", - деп ага өзү өнтөлөп ысык тамак берип суусунуна сүт менен айран ичирип жатты. Гүласылдын эмчегине ууз толуп үч-төрт күн ысытмалап кыйналды, анан акырындап ал тараган сайын өзүнө-өзү сооротуп кадимкисиндей болуп бара жатты. Толкун өзүнчө ойлонуп шаарга барып келем, - деп жолго чыкты, анын ою Гүласылдын аты-жөнү менен шаардагы төрөтканаларды издеп баарынан сураштырмак эле: "Кокус менден, элден тартынып таштап койгон болсо өзүм алып келип алам, кызым өмүр бою каталыгынын азабын тартып өтүүгө татыктуу эмес, мен энемин, кызымдын катасын кечиремин, кызымда эмне күнөө, аны алдап кеткен арсыз эркекте баардык күнөө", - деп кетип жатты...

Бул учурда кичинекей наристелерди эмне кылаарын билбей врачтар ден-соолугун текшерип аялдарга эмгизип жаткан. Ошол учурда бир аял төртүнчү кызын төрөп калды, уулу жок экен, акушеркага, врачка сүйлөшүп үч күн илгери төрөлгөн баланы кызы менен эгиз кылып багып алмак болуп баарын дайындап койду. Ал колуна алганда анын мойнунда кара кайышка тигилген тумарды көрүп дароо алды да катып алды. Бул улуурагы эле, экинчисин балдар үйүнө алып барып коюшту, ал жерден алты айлыгында төрөбөгөн аял алып кетти, ал абдан бай, күйөөсү кызматкер эле. Качкыналиев Турдумамбет деген, аялы Зинакан, он жылдап жашап төрөбөй калганда бала багып алууга кеңешип чечишкен болчу. Баланын атын балдар үчүнө келээрде эле карточкасына Бектемиров Үсөн деп коюшкан. Улуусун багып алган аял Зарылбү, күйөөсү Жумабек, төртүнчүсү бир кыз, бир эркек болду, - деп кубанып жүрүштү, Жумабек орто жашайт, өзү да уулум жок дегенди шылтоо кылып иче койчу. Апал-Асан коюп багып жатышты. Зарылбүнүн максаты эле күйөөсүнүн ылаңкасынан кутулуу болчу, ал мурунтан эле даярданып: "Дагы кыз болсо акча берип болсо дагы эркекке алмаштырып аламын, айла жок аман болсо болду", - деген ойдо болуп жүргөн, оңдой берди болуп кызы дагы өз колунда калды, уулдуу да болду, кубанычтан бактыга балкып эгиздерин көзүнүн карегиндей карап багып жатты. Ошентип эгиз уулдар эки жакта өсүп жатты, бири Ошто, бири Нарында...

Гүласыл окуу баш башталганча тыңып калды, Толкун ичинен сызып көргөн билгенин ичине катып кээде телмире отуруп калган кызын аяп тим болот. Ал төрөтканаларды кыдырып эки күн тынбай жүрүп акыры бир ай мурун Бектемирова Гүласылдын эгиз уул төрөгөнүн билип, жок дегенде бирин алып кетмек болуп балдар үйүнө барса, ал жерден дагы жолу болбой асырап алгандарын угуп жаман абалда калып үйүнө келген. Бирок Гүласылга билгизбеди: "Асырап алгандардын бири мамлекеттик кызматкер болсо, мени жолотмок беле, тигиниси кандай болду экен, курган кыз ай, өмүр бою оорубай оорукчан болуп өтөсүң го, кантейин каралдым, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген ушул, чырактай балдарды өзүм эрмек кылып багып койбойт белем аттиң", - деп туруп-туруп ыйлап ичи ачышып кетип жүрүп акыры унута баштады. Гүласыл кадимкисиндей болуп кайрадан окуусуна келди, бул учурда Салия турмушка чыгып күйөөсү менен жашап окуп жаткан эле, адеген эле күнү жолугуп жылуу учурашышты:

- Акыбал кандай Гүласыл? - деди Салия.

- Кандайын сурайсың, көрүп турбайсыңбы.

- Балдар кайда?

- Сураба Салия, аларга мен өмүр бере албадым.

- Эмнеге?

- Экөө тең чарчап калган.

- Жаман болуптур, Жапар байкем ажырашып кеткен.

- Мени кызыктырбайт.

- Түшүнөм, анын күнөөсү азыр аны да кыйнап жүрөт.

- Салия, сен менин курбумсуң, бирок бул темага кайрылбай эле коелучу.

- Макул, баса мен турмушка чыккам.

- Чынбы, куттуктайм.

- Рахмат.

- Кайда жашап жатасыңар?

- Тойдо сени таппай калдым, кайнатамдар эки бөлмөлүү үй белек кылган, азыр ошондо турабыз, сен жатаканада болуп жатасыңбы?

- Ооба.

- Мен сени Дастан менен тааныштырам ээ?

- Макул, кубана-кубана таанышам.

- Анда болду, бүгүн биздикине конок болосуң.

- Салия...

- Болду, сөз бүттү, - деп Салия чын жүрөгүнөн айтты, экөө андан кийин сабакка киришти, ошол күнү аны Салия үйүнө алып кетти, Дастан шаардык районодо иштейт экен, экөө абдан бактылуу экенин көрүп суктанып да, ичи тарып да турду: "Эмнеге мен мындай бакытка татыктуу боло албадым, тагдыр мени адегенде эле чалып жыкты го, балдарым кайда, кандай күндө болду экен, бирөөлөр багып алдыбы же бир кырсык болдубу, канткенде алардын дайынын биле алам", - деп кайра жатаканага келип ыйлап жатты, чогуу жашаган Бермет деген кыз:

- Гүласыл, сага эмне болду? - деди анын ыйлаганын көрүп.

- Тишим ооруп жатат, - дей салды Гүласыл.

- Ии-ий, тиш оору жаман, - деп ишенип калды Бермет. Андан кийин кайрадан окууга алаксып кетти, кыш ортосунда аны окуу жайдын алдынан Жапар тозуп алды, аны көрмөксөн болуп өтүп кетээрде:

- Гүласыл, Гүлү токточу бир аз, - деп Жапар алдына тура калды.

- Сени менен сүйлөшөөр сөзүм жок, тур жолумдан!

- Бир эле сөз, көп кармабайм.

- Айт да жолумдан чык.

- Жарайт, балдардын чарчаганы чынбы?

- Ооба, бүттүбү?

- Жок, мен сени сүйөм Гүлү, мени кечиришиңди суранам.

- Оюңа да келбесин, сени желкемдин чуңкуру көрсүн, - Гүласыл аны түртө басып бара жатты, - Сүйөт имиш, жүзү кара.

- Кандай айтсаң дагы жарашат, мага бир мүмкүндүк бер?

- Атымды атоочу болбо!

- Гүлү, мени кечир!

- Кечирмек турсун уккум келбейт атыңды.

- Койчу эми, атасын өлтүргөндү деле кечирет тура.

- Эмне? - Гүласыл токтой калып аны көзүндө огу болсо атып ийчүдөй болуп карап калды, - Сен менин эки баламды өлтүрдүң, ал азбы тагдырымды талкаладың, жаш жүрөгүмө айыккыс жара калтырдың, түбөлүк өмүрүмдө унуткус ооруну таап бердиң, булар азбы сага?!

- Сени түшүнүп турам, - деп сүйлөй албай калды, ары жактан Салия келе жаткан эле, ал дагы агасын жаман көрүп сүйлөшпөй жүргөн болчу, ал акырын келип Гүласылды колтуктап басып кетти. Жапар карындашынын акыркы жолуккандагы сөзүн эстеди: "Бирөөнүн жападан жалгыз кызын кордодуң, ошонун баарына өзүмдү күнөөлөп жүрөм билсең, эгерде менин башыма ушундай иш түшсө кантээр элең байке, анын эч кимиси жок, сендей агасы болгондо эбак сени бирдеме кылмак, экинчи ага жолобо, жүрөгүндөгү жарасын кайра сыйрыба", - деген болчу. Эми ооз ача албай туруп калды. Жапар андан кечирим сурап келгенин койбоду, Гүласыл ал кезде эч ким менен сүйлөшпөй, кат жазып жолугушууга чакыргандарга жооп бербей жүргөн. Артык деген жигит акыркы курста окучу, ал Гүласылды бура бастырбайт, ошол күнү дагы жандай басып келе жаткан:

- Гүласыл, мен сени чын жүрөгүмдөн жактырып калсам дагы сени ишендире албадым.

- Артык, убара болбос, менин жүрөгүм бош эмес.

- Сүйүп калуу күнөө эмес го дейм.

- Аның туура, бирок мен ачык айттым го?

- Жок дегенде бирге чай же кофе ичкенге жок дебе.

- Болбойт Артык, мен жаралуу кийиктеймин, - дал ошол учурда экөөнүн алдынан Жапар чыкты:

- Гүлү!

- Артык, жүрү кеттик, - деп Гүласыл дароо Артыкты колтуктап алды.

- Гүлү, бир сөз айтайын.

- Суусап жаткан жерим жок.

- Бир мүнөткө...

- Жигит, - Артык анын тике маңдайына келди, - Кыздын сени укканга көңүлү жок экенин көрүп турбайсыңбы, тынчын ала бербе.

- Сен өз жолуң менен бол, бул менин аялым! - деди кашкая калп айтып.

- Эмнэ-э? - Артык экөөнү алмак-салмак карап, - Гүласыл бул эмне чынбы? - деди таңгалганын жашыра албай.

- Ооба, - деди Гүласыл, - Эми аны угууга чамам жок! - деди да Гүласыл ылдам басып кетип жатты: "Акмак, айткан сөзүн кара, никелеп алып койгонсуп, жакшы болсо балдарым колумда болбойт беле, эгиздерим эрмегим болбой чоочундарды ата, апа, - деп өсүп жатат, басып калгандыр, балдыр тилин, тамтуң баскан көрбөдүм: "Апа", - деп алгачкы тили чыкканын көрбөдүм, убалым уктатпасын Жапар", - деп ыйлап бара жатканда Артык жете келди.

- Гүласыл, токто Гүласыл!

- Артык, мага келбе.

- Токточу сүйлөшөлү.

- Эмнени? - Гүласыл аны жаштуу көздөрү менен карады, - Жанагы укканың азбы Артык?

- Капаланбачы эми, өзүңдү кармасаң.

- Мени соороткону келдиңби?

- Жок-жок, сен туура эмес түшүнүп калдың.

- Артык, ансыз дагы бир жарым жылдан берки жарамдын оозу ачылып жүрөгүм сыздап турат, мени жалгыз койчу.

- Жок, мен сени жалгыз калтыра албайм.

- Кана, сүйлө анда, эмне деп мазактагың келет, же табалап же бооруң ооруп турабы? - Анын көздөрүнө тигилди, - Кулагым сенде, - дегенде Артык аны карыдан ала бак ичиндеги отургучка отургузуп жай сөзүн баштады:

- Гүласыл, мен сени табалап же боор ооруп караганым жок, дос катары сага кыйын учурда кол сунгум келет, - Колун кармап ойлуу сүйлөдү, - Мен дагы үйлөнгөм, бирок жашай алай ажырашып кеттик, мени курсташтарымдан кызганып бура бастырбай туруп алды, күндө үйгө барганда уруш-жаңжал болот, акыры жадаганымда басып кеттим.

- Сүйлөшүп баш коштуңар беле?

- Жок, атамдын таежесинин небереси болчу, сөөк жаңыртабыз, арабыз жакындап калат, - деп болбой үйлөнтүп коюшкан, жарым жыл зорго жашадык, - Ойлуу Гүласылга карады, - Силер сүйлөштүңөр беле?

- Артык, менин тагдырым такыр башкача.

- Ошентсе дагы айтсаң жеңилдеп каласың, ичтен ойлонсоң ооруп каласың, аны өзүң деле билесиң Гүласыл.

- Мени ал алдап кеткен, - деп сөз баштады, ыйлап отуруп айтып берди, - кыскасы мен анын оюнчугу болдум, никелеп алгансып эми аялым дегени күйгүзүп жатпайбы, ал мени алдап батирде жашап жатып башка менен сүйлөшүп жүрүптүр, боюмда бар экенин билип туруп ошентти, эми уялбай кечир, сени сүйөм дегенин карачы.

- Чынында акмак экен, мен үйлөнүшкөн экен, - деп жатпайынбы.

- Жок, кайдан үйлөнмөк, алдап мына алып кетем, - деп жүрүп башканы алып кеткен...

- Капа боло бербе, ооруп каласың, баары унутулат.

- Унутуу кыйын Артык, эми гана туура эмес кылганымды сезип жатамын, апам деле эптеп көнмөк экен, ачык айтып балдарымды алып кетсем болмок, бул дарт мени өмүр бою ичимден жейт да.

- Аның туура, биринчиден ызаңа чыдай албадың, экинчиден уят, ар намыс сенин жолуңду бууган, - деп Артык көп сөздөрдү айтты, ошондон кийин экөө кыз жигиттей бирге басып, бирге кетишет, Жапар аларды алыстан акмалап жүрүп түңүлгөндө келбей калды. Артыктын бир тууган

Жеңеси акушер-гинеколог болуп иштечү, ал Гүласылдан кайсы төрөтканадан төрөгөнүн билип алды да Нурай жеңесинен бир күнү сурады, ал тактап сурап алып историяларын карап келип балдардын бири шаарда экенин, бири борбордогу балдар үйүнө түшкөнүн билип аты жөнүн сурап алып ал жакка барып балдар үчүнөн аны дагы багып алганын билди. Гүласылга буларды айтканда ал:

- Менин эми аларды балам дегенге укугум да жок Артык, - деди суз гана.

- Эмнеге, сен аны көпкөнүңдөн таштаган жоксуң да, Нарындык болот экен, улуусун багып алгандар, азыр шаарда кызматта дейт, кичүүсүн Оштук бирөөлөр багып алыптыр, демек сен кабатыр болбо, каникулда барып издеп келебиз.

- Кантип?

- Ушинтип эле, башкысы кандай үй-бүлөөгө туш болгонун сыртынан билебиз көрөбүз.

- Көргөндө кантип чыдайм Артык?

- Чыдайсың, бир эбин таап жолугабыз.

- Анан жиги билингенден кийин көрөбүз ойлонуп.

- Мейли, жок дегенде дайынын билип алсам...

- Кабатыр болбо, июнда экиге толот экен туурабы?

- Ооба.

- Ойлоно бербе, бул жердегиси кыйын экен, чоңдордун үйүнө кирүүгө кыйын болот го?

- Кудайым ай, өз каталыгым үчүн сени убара кылдым Артык, кандай болгондо сага ыраазычылыгымды билдирип, эмгегиңди айтай алам?

- Эч кандай нерсенин кереги жок, болгону сен мени уксаң болот, айтканымды угуп аткар жетет ошол, - деп ойлуу Артык, ошентип алар ынак дос болуп кетишти, Артык ага өз сүйүүсүн таңуулабады, болгону капаланса дагы ар дайым жанында, ага тамашалуу сөздөрдү айтып күлдүрүп, кээде кино-театрга алып барып жүрө берди. Гүласыл ага өзү билинбей тартылып бара жатканын сезбеди, жайкы экзамен, андан кийин практика болуп колдору бошобой бир айга бошогондо Ошко жөнөштү. Жумабек үй-бүлөөсүнө карабай ичип жүргөн, беш баланы багуу Зарылбүгө өтө кыйынга турду, эң улуусу Асел бешинчи класста, айзат үчүнчү, Гүлзат алты жашта болчу. Зарылбү эл катары эле кыйналып базар экономикасына өтүп жаткан кезде базарга чыга баштаган, эки жашар Апал менен Асанды улуусу Асел багып, эки кызы өзүнө жардам берип жүрдү. Дал ошол күнү Гүласыл менен Артык кыдырып дарек боюнча үйүнө келип эшигин такылдатты:

- Ким керек? - деп Асел чыга калды, адегенде эле ал жетелеп жүргөн эки жаштардагы Апал менен Асан көзүнө көрүнүп Гүласылдын көздөрү бакырая баланы карап эси оой көзүнө жаш толуп чыкты, аны байкаган Артык аны акырын колтукка нукуп Аселге кайрылды:

- Чоң кыз, Жумабектин үйү ушулбу?

- Ооба, эмне керек эле?

- Жумабек аке керек эле...

- Ал жок, - Асел башын жерге салды.

- Кайда иштейт?

- Иштебейт.

- Аа-а булар эгизби? - деп Апал менен Асанга жылмая карады.

- Ооба.

- Апаң кайда?

- Базарда, - Ошол учурда теңселе басып Жумабек келди.

- Силер кимсиңер, эмне жумушуңар бар бул жерде?

- Ата, сизди издеп келишиптир, - Асел ары карай балдарды жетелей жөнөгөндө Гүласыл умтула берип токтоду.

- Ийи, кандай жумуш?

- Аке сиздин бир иниңиз салам дубасын айтты эле, - Артык дагы эмне дээрин билбей такала туруп калды.

- Кайсы иним? - Жумабек көзүн жүлжүйтө карады.

- Ибрагим деген инилериңиз бар беле?

- Аа-а, ал селсаяктан кайсы пайда, - Ойлоно калып, - Айта бер, - деди, Артык эми чындап жооп таба албай калды:

- Мм, ошо сизге салам айтты.

- Саламат болсун, ошол элеби?

- Ошол эле, жакшы калыңыз, - Артык Гүласылды колунан ала бул жерден тезирээк эле кеткиси келип жөнөдү.

- Ошо да, жок дегенде акча берген жокпу? - Артынан кыйкырды.

- Жо-ок! - Артык артын карабай жооп берип машинасына отуруп жөнөштү, Гүласыл үнсүз көзүнүн жашын төгүп: "Жапардын эле өзү болуптур, кагылайыным десе, эми кантип чыдайм, көрбөсөм болот эле, көргөндөн кийин кайра көргүм келип сагынычым күчөп туруп алат го, жок дегенде кучагыма кысып жыпар жытын, наристе жытынан кумарым канганча жыттап алсам кана, ай кудайым ай, балдарым үчүн баарына кайыл болуп өзүм бага берсем чоңоюп калмак экен, беркиниси дагы жакшынакай болуп калгандыр, эми менин аларды балам дегенге акым жок", - деп келе берди.

- Кеттикпи? - деди көптөн кийин.

- Азыр, сен бир аз өзүңө келип алчы.

- Мен жакшы элемин.

- Адегенде сен жуунуп ал, анан бир жерден тамактанып алалы.

- Мен эчтеке ичпейм.

- Жо-ок, бирдеме ичпесең ооруп каласың.

- Артык, кете береличи.

- Болбойт, - Артык ойлуу карады, - Балким алып кетсекчи?

- Эмне, кимди?

- Баланы, атасы ичет экен, кандай болоору белгисиз го?

- Артык, сен ойлондуңбу?

- Эмнени?

- Баланы мен кайда алып барам?

- Менин балам, - деп экөөңөрдү тең үйүмө алып кетем.

- Эмнэ-э? - Гүласыл мындай күтүүсүздүккө эмне дээрин билбей калды, - Се-ен...

- Ооба, ансыз деле өткөндө жеңем шекип калган.

- Артык, жинди болбочу, балдар сага окшобой турса калпыбыз чыгат.

- Чыкпайт, мен сага үйлөнөм дагы өзүбүзчө жашайбыз, экөөбүз тең врач болобуз, анан тигини алып алабыз.

- Жокту айтпа, эгерде сен андай кылсаң апам угуп алса сени өмүр бою кечирбейт, балдар менен мени сага көрсөтпөйт дагы.

- Эмнеге?

- Апам менин кыйналганымды көрдү, ошончо азап тарттырып анан шылдың кылып кайра үйлөнөсүңбү? - деп апам сага бербейт.

- Аны ойлонобуз, жүрү эми тамактанып алалы, - деди эле Гүласыл ага унчукпай макул болду, анткени аны аяды: "Ачка болгондур, мен үчүн азапты тартып жүрсө мен ичпейм, - деп аны дагы ачка калтырганым болбос", - деп ойлонуп:

- Ээн жерге суу боюна алып барчы, - деди.

- Макул, - Артык дароо унаасын айдап жөнөдү, суу жээгине келип жуунуп сергип алган соң экөө ашканага барып тамактанышты да кайра Жумабектин үйүн алыстан сагаалап карап турушса Асел экөөнү жетелеп чыгып кыздар менен сүйлөшүп турганда Апал менен Асан балдар ойноп жаткан жакка жөргөлөп жөнөштү, баскандары өрдөктөй эле, тили чала була чыккан, ал экөөнү карап турган Артык:

- Бул баланы алып кетиш оңой экен, - деди.

- Кантип?

- Көрбөйсүңбү, тигил эжеси аларды унутуп калды.

- Мен барып жок дегенде бир кучактап алайынчы, - Гүласыл Артыкка бир башкача жалдырай карады.

- Билбейм, өзүң бил, тигилер байкап калышсачы?

- Дароо баса берем, - Гүласыл таттуу конфетти колуна алып эч нерсе болбогондой өтүп бара жаткан болуп алардын жанына келгенде эңкейип Асанды колуна ала коюп бооруна кысып чолоо жерин калтырбай өпкүлөп да ыйлап да турганда ары жактан Зарылбү эки кызы менен келе жаткан.

- Апа, тигини карасаң, - деди Айзат.

- Асанды бир кыз көтөрүп алыптыр, - деди Гүлзат.

- Эмне?! - Зарылбү ушинтти да баштыгын таштап жиберип жүгүрүп жөнөдү, - Аа-ай кыз, Асел балдарды карабайсыңбы? - дегенде Асел апасынын үнүн угуп карай коюп Асанды көтөрүп турган кызды көрүп жетип барды:

- Эже, баланы кое бериңизчи, апам урушат, - деп анын ыйлап жатканына таң калып, - Асан келе гой мага, - дегенде Асан:

- Апам, апам, - деп сөөмөйү менен өзүнө көздөй келе жаткан Зарылбүнү көрсөттү.

- Ооба, апа келди, жүр үйгө, - деп аны селдейип турган Гүласылдын колунан ала коюп ары көздөй басканда Зарылбү Гүласылга жетти:

- Сен кимсиң, эмнеге менин баламды көтөрүп алгансың?

- Эже, - Артык жете келип ортого тура калды, Гүласыл нес болгон боюнча турган, аны колунан алды, - Жакында уулубуз чарчаган, ошого окшоштурса керек, - деди да жетелеп жөнөдү, Зарылбү унчукпай карап туруп калды: "Чын айттыбы мына бул неме, же төрөгөн энеси болду бекен, андай болсо канттим, Асанымды алып кетип калсачы, башка бала экенин билсе Жумабек жинди болуп кетет, ансыз да ичип алып бу бала такыр балдарыбызга окшобойт да, - деп жүргөн неме мени өлтүрөт, ай кудай ай, деги тынч болсо экен", - деп машина узап кеткенче карап турду, аны эки кызы келип:

- Апа, бас үйгө.

- Апа жүрбөйсүңбү, - деп этектен тарткылаганда эсине келди, үйүнө келип, - Балдарды жоготосуң, үйдөн чыгарба дебедим беле? - деп Аселге бир тийди.

- Апа, эмнеге уурдамак эле?

- Балдар жоголуп жатканын угуп эле жүрбөйсүңбү?

- Алар уурдабайт, жана атамды сурап кетишкен.

- Эмне, үйгө келишти беле?

- Ооба, атам менен сүйлөшкөн болчу.

- Эмне деп?

- Билбейм, уккан жокмун.

- Кандайча Жумабекти сурашат, анда кандай жумушу бар, атаң каякка кетти? - деп сары санаа боло баштады.

- Ичип жүргөндүр да.

- Өлүп кеткир десе, атасынын канын ичкенсип ичет, анын ичкичин билип алса бага албайт деп баланы алып кетип калат, демек издеп келишкен тура, - деп айтып жибергенин өзү байкабай калды.

- Ким алып кетет апа? - Асел апасын карады.

- Жөн эле, кимдир бирөө алып кетип калабы дейм да.

- Коркпочу апа, экинчи эшикке чыгарбайм, - деп Асел унчукпай калды.

Жумабек кечинде кызуу келди:

- Деги сенин ичпеген күнүң болобу ыя, жанагылар ким экен?

- Кайсы?

- Сени издеп келгендер?

- Алар Ибрагимден салам дуба алып келишиптир.

- Бишкектенби? - Зарылбү чоочуй сурады.

- Ооба, курулай салам дуба...

- Андан дагы эмне күттүң эле? - деп Зарылбү туруп кетип эгиздеринин жанына келип Асанды алдына алып отурду: "Алар ошолор, эми бала керек болуп калган тура, канчага чейин алардан катып жашайм, менин өз балам экенинен эч ким күмөн санабайт, эч кимден бакма экенин укпайт, ошолор гана буга бир нерсени айтып же алып кетип калышы мүмкүн, жо-ок мен ага өлсөм дагы баламды бербейм, соттошсом дагы бербеймин, бирок баланын көкүрөгүнө жаман ой туулуп калат, бакма экенин билсе бизди тоготпой да калат, эми кандай кылам", - деп ойлонуп, көздөрү жалжылдап ак жуумал болуп кирпиги төгүлүп, мурду кырдач болуп сүйкүмдүү көрүнгөн балага ичи элжирей өөп алды.

Артык менен Гүласыл жолго түшүп Бишкекти көздөй жол тартышты, бул жолу Гүласыл ыйлаган жок, мелтиреп ойго батып келе берди. Артык аны улам карап коюп кете берди, экөө тең үн катпады, таңга маал шаарга келип Гүласылды батирине киргизип жиберип өзү унаасында уктады. Түнү бою тынбай жол жүргөнгө аябай чарчаган эле, жолдун узактыгы да адамды талыкшытып коет эмеспи, эртеси саат тогуздарда ойгонгон Гүласыл жуунуп эми чай коюп терезеден ары көз жүгүртүп сыртта Артыктын унаасы турганын көрүп: "Эрте келген экен, эмнеге келди", - деп ойлоп анын киришин күтүп үстөл үстүнө чайын даярдап күтсө жок, анан өзү чыгып караса Артык алдыңкы орундукту чалкалатып коюп уктап жатыптыр. Акырын айнегине келип такылдатты эле ойгонуп кетти.

- Эмне болду, келип алып уктап калдыңбы?

- Жо-ок, кеткен эмесмин.

- Жинди, түнү бою ушул жерде болдуңбу? - Гүласыл шыңгыр күлкүсүнө айлананы бөлөп жиберди.

- Үч саат уктаган турбайынбы, таң атканда келдик да.

- Ошондо деле үйүңө барбайт белең?

- Аларды ойготкум келбеди.

- Жүр чай ич.

- Чайың кайнап калдыбы? - Жылмая унаадан чыкты.

- Ооба, сени кирет экен десем жоксуң.

- Катуу уктап калыптырмын да.

- Бас эми, тамак дагы даяр, - Гүласыл ага карап күлө алдыга басты, экөө ээрчишип батирге киришти, батирдин ичи бир бөлмө болгону менен тыкан жыйналуу эле, Гүласыл жатаканадан чыгарда айылдан төшөнчүлөрүн алып келип алган, экөө бирге чай менен куурдак жешти, анан Артык үйүнө кетти, аны үйүндө сюрприз күтүп жаткан, ал кирээри менен эле агасы Асек:

- Кел баатыр кайда жүрөсүң? - деди.

- Иш менен да, - Агасы менен учураша үйгө кирди.

- Балам, айтпай дебей эле басып кетчү болдуң да? - деди атасы Медет.

- Иш да ата.

- Ал кандай иш, күндөп-түндөп убактыңды алган.

- Жекече...

- Ата, балаңды үйлөнтүш керек, - деди Асек.

- Үйлөнөм десе үйлөнсүн.

- Качан үйлөнсөм болот ата? - деди Артык кубана карап.

- Кызың барбы? - Асек сынай карады.

- Даяр.

- Башкысы балдарым бар дей көрбө, - Асек күлүп калды.

- Эмне? - Артык агасын таңдана карап калды.

- Иши кылса балалуу аялды айтпа дегеним да.

- Эмне деп жатасың ой бала? - Медет Асекти карады.

- Бул балаңда бир иш бар ата, бир балдарды изилдеп жүрөт имиш, кыскасы ал балдар эгиз экен, аны балаң сураштырып жүрүптүр.

- Эмне дейт? - Медет менен Чачыкей Артыкты карап калышты.

- Ооба, ошондой ата. Силерден коркуп айтпай жүргөнмүн, балдарды башка бирөөлөр багып алышыптыр, апасы мага болбой жатат, алдап кеткенсиң деп. М - Кудай уу-ур... - Чачыкей бетин чое туруп калды.

- Катыгү-үн, эл эмне дейт ботом? - Таежеси да ага ормое карады.

- Эл эмне десе ошол десин, мен Гүласылга гана үйлөнөм.

- Кандай неме аның? - Чачыкей уулун сабырсыздана күтүп калды.

- Кыздай эле кыз, атасы өлгөн экен, апасы бар, атасынын түгөйү бар.

- Дагы эмне дейт, кай жерлик экен?

- Ыссык-Көлдүк.

- Окуйбу?

- Ооба, дарыгер болот, быйыл төртүнчү курс.

- Мейли, өзүң бил балам, балаңар кайда анан? - Медет олуттуу карады.

- Балдар азыр жок, бирөөлөр багып алышыптыр.

- Өзүң жактырсаң болду, алып келе бер, - деди Медет.

- Жарайт ата, сиздерге ыраазымын, - Артык кубанычтуу ордунан турду, ал дароо эле Гүласылга жөнөдү: "Апасына азыр балдар жөнүндө айтпай кое турабыз, кийин таап калсак анан угат", - деп ойлонуп Артык дароо эле Гүласылдын батирине келсе ал жок экен: "Кайда кетип калды, дагы башка бирөөгө жолугуп жүрөбү же", - деп кызганычтан жинди болуп кете жаздаы, ары-бери басып турганда ал апасы менен келе жаткан эле. Артыкты көрүп акырын башын чайкап кирип кетти аз өтпөй кайра чыкты:

- Апам келип калды. Мени көрүп келгени келиптир.

- Сага кеңешейин, - деп келгем Гүласыл.

- Азыр эмес, апам үч-төрт күн турам дейт.

- Кантип сүйлөшөбүз анан, бир жакшы жаңылыгым бар эле.

- Шашпа, апам кетсин.

- Ага чейин бышып кетем го?

- Чыда, - деп коюп Гүласыл кайра кирип кетти, Толкун Гүласыл сыртка чыгып кеткенде терезеге келип анын Артык менен турганын көрүп: "Чунак кыз, жаңылып калбагай эле, эми буга кантип айтам, андан көрө үйгө алып кетейин дагы ала качтырып жиберейин", - деген ойго келди, - Апа ал жерде эмнеге турасың? - деп Гүласыл уурусу кармалгандай кызара сурады.

- Тигил бала ким кызым?

- Ал мени менен бирге окуйт апа, хирург болом дейт, азыр практикадабыз.

- Ии-ий, - деп коюп кайра отурду.

- Убара болуп келбей эле койсоң болмок экен, бир жумадан кийин үч күнгө өзүм барып келмекмин да, - деп Гүласыл апасын жылмая карады.

- Сагынып кеттим кызым, тамак аштан кемип калдыбы, - деп эле...

- Кардым ток апа, кыйналбай эле койсоң, дагы эки жылда барып калам, айылга иштейм, өзүң айтчу элең го, кызым врач болуп элди дарылайт деп, буйруса дипломду алсам эле өз айылыма суранам.

- Ошент садага.

- Чайдан ич апа.

- Тигинде сүзмө май бар, акең бир койдун этин сүрсүтүп катырып салып берди, жаңы этти сактай албайт деп.

- Рахмат акеме.

- Сенден кабатыр болуп жатат, салам айты Жүрсүн дагы.

- Саламат болсун апа, кабатыр болбой эле коюшсун, менден дагы салам айта барыңыз, - деп Гүласыл кубанычтуу карады, кызынын жүзүндө кубаныч барын эне сезип купуя кубанып турду, өзү дагы жакындан бери бирөө менен сүйлөшүп жүргөн, аны кайдан айта алат, ата-энеси өлгөн, инилери бар, Субанбеги беш балалуу, совхоз тараганда бир уй, бир жылкы, жыйырма кой алган, ошону улантып бир топ ирденип калган, Уланбеги үч балалуу, айылда иш жок эптеп аялы экөө соода кылып өздөрүнө тың жашайт, бир сиңдиси күйөөдө ал дагы тың турат. Толкундун деле бир топ мал-салы бар, аны Кантемир багып берет, Омор дайыма жанында, ага окуу башталганда кийим-кечени өзү алып берип коет. Үч-төрт күн туруп анан кайра кетти, ал кеткен күнү Артык келип:

- Сагынып кеттим Гүласыл, - деп кучактап аста жаагынан өптү.

- Доспуз да, мен дагы бук болуп кеттим, отур апам алып келгенден ооз тий, - деп дасторкон жайды, май сүзмө менен варьение, компотту койду.

- Аларды кой Гүласыл, сен мага бир сөзгө жооп берчи.

- Сура, - Гүласыл эмне дегени турат дегендей күтүп калды.

- Сен мага турмушка чыгасыңбы?

- Эмне?!

- Ошол, атамдарга бүт айттым, балабыз бар, мен силерден коркуп жүрүп барбай койсом балдарды таштап коюптур дедим.

- Эмне? - Өңү бозоро отуруп калды, - Эмнеге калп айттың?

- Үйлөн, кызың барбы дешет, мен ошентип айта салдым.

- Артык, бул оюнчук иш эмес да, алар билип калса мени жаман көрүп калышат, баламдын башын айлантты деп.

- Андай болбойт Гүласыл, сен ушинтип жүрө бермек белең, мен чынында сени сүйөм Гүласыл, сен үчүн баарын жасоого сөз берем.

- Артык, сен шашылып кеткен жоксуңбу?

- Жок Гүласыл, учуру келди.

- Мен апама айтышым керек эле да.

- Экөөбүз барып келебиз.

- Жок-жок, ачык айтканда болбойт.

- Мен үч күндөн кийин барамын, ошондо өзүнө айтышым керек.

- Макул, өзүм жеткирип келем.

- Өзүм эле барам.

- Жок-жок сулуум, сен мындан ары менин гана көзөмөлүмдө болосуң.

- Жарайт, - Гүласыл наздуу жылмайды.

- Кана эмесе карышкырдай ач карынды тойгузалы, - деп Артык күлө дасторконго кол узатты, - Кана кайненемдин колунан чыккан даамдан ооз тийели.

- Эртең ооруканага барасыңбы?

- Ооба.

- Мен барбайм, бир жумага сурангам.

- Анда мен дагы суранайын, сени жеткирип кайра алып келем, анан кам көрчү иштерди бүтүрө берейин.

- Макул, - Гүласыл бактылуу жылмайды.

- Тезирээк эле бирге болсок экен.

- Анча эмнеге шаштың?

- Үйгө кетсем кайра эле сени эстеп туруп алам, жаныңда болгум келет.

- Чынбы? - Гүласыл улутунуп алды, - Чын сүйөсүңбү Артык?

- Жаным менен, сен дегенде баарын унутчу болдум.

- Кой антпе, - Гүласыл бырс күлдү. Ал заматта жүзү жайнап жаркылдай карады, - Унутчаактык өзүнчө оору экенин билесиң да.

- Билем, бирок меники андай эмес.

- Кел чай ич.

- Тойдум, рахмат сага.

- Эмне үчүн?

- Кайненемдин даамын таттырганыңа.

- Жинди, даам деген жакшы эмеспи, биз меймандос кыргыз элинин уул-кызыбыз.

- Аның туура, - Артык Гүласылдын көздөрүнө карады, - Мен бүгүн бул жерде калсам болобу Гүласыл?

- Эмнеге?

- Мм, мен сага жолобойм, жөн гана жаныңда болоюн.

- Артык.

- Ийи.

- Сен кийин өкүнө турган болбо.

- Эмнеге өкүнөм?

- Мен жубан болдум, кан жанымдан бүткөн балдарымды талаага таштап койдум, сен үйлөнө элек болсоң...

- Гүласыл, мен сага айтпадым беле, унутуп калдыңбы?

- Эмнени?

- Мурда үйлөнгөнүмдү.

- Койчу, сен үйлөндүң беле? - Гүласыл аны көзүн алайта карады.

- Сен мен сүйлөп жатканда такыр эле уккан эмессиң го?

- Чындап эле укпаптырмын, - Күлүп калды.

- Мен дагы үйлөнгөнмүн Гүласыл, ал таежелеримдин кызы болчу, кыскасы жашай албай койдук, алты айдай жашап эки жакка бөлүндү, жакындап, арабыз кайрадан жакшырып бир туугандай болобуз, - деген таежелерибиз менен биротоло катышпай калышты, ошентип мен экинчи жолу үйлөгөнү жатам.

- Ошондой де, - Гүласыл ойлуу отуруп калды.

- Ооба, сен кам санаба, так что мен сени эч күнөөлөбөйм дагы, ушул учурда сага убада беремин, эки баланы тең алып келип өз атасындай болууга мен даярмын жаным.

- Убаданы көп бергенге аткаруу парз, менин сенден суранаарым экинчи жолу ал балдарды айтчу болбо, алар деле жан үрөп өздөрүнүн баласындай багып жатса менин балам дегенге акым жок, - деди Гүласыл мостое.

- Болуптур анда, сүйлөштүк сулуум.

- Ай ушул эркектердин адаты...

- Эмне болду?

- Сулуу-сулуу дейсиңер, анан дагы башка кызды көргөндө бирин таштап экинчисине ооп кетесиңер.

- Мени андай ойлобо алтыным, ар бир адамдын көз карашы ар башка.

- Ошондой эле болсун.

- Ишенчи мага, сенден башка бирөөнө карасам башымды жар.

- Сениби? - Гүласыл күлө карады.

- Ооба, бирөөнү карасам эле жара чап, - Артык дагы күлүп калды, экөө түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурушуп эки бөлөк жатып уктап калышты, Гүласыл уктап жатканда эртең менен ойгонгон Артык аны чоочутуп албайын, - деп аста жүзүнөн өөп чыгып кетти, Гүласыл ойгонуп алып анын ордун карап жылмайып алды: "Дурус, башка эркектердей баса калбагын жакшы, ушундай бойдон болсо жакшы эле күйөө болоор, аял албаган болсо бир жөн, бактымды тапсам болду, апамды кейитпегендей болоюн", - деп ойлонуп көпкө жатып анан туруп жуунуп чай коюп жатканда Артык кирип келди, бир кучак гүлдү көтөрүп алыптыр:

- Оой сен кайда кетиң эле?

- Жаңы аткан таңың менен! - деп Артык анын жүзүнөн өөп гүлдү берди.

- Рахмат, - Гүласыл гүлдү жыттай бактылуу жылмайды, - Жаңы эле үзүлгөн экен.

- Сен ойгонгончо келем деп ойлогонмун, жетишпей калдым.

- Эчтеке эмес, рахмат сага.

- Мындан ары ар бир күнү ушул гүлдөрдү сага белек кылып турам.

- Убара болбо Артык.

- Сен үчүн убара болгонум кеп эмес.

- Кел эми чай-пай ичели, - Ошол учурда батирдин ээси баш бакты.

- Акчага келдим чоң кыз.

- Байке, эки-үч күн күтө аласызбы?

- Эмнеге?

- Акчаны даярдап коем.

- Канча? - деди Артык.

- Эки миң сом.

- Кереги жок Артык, өзүм эле төлөйм.

- Алыңыз, - деп Гүласылды укпай Артык чөнтөгүнөн акча алып төлөп койду, - кыз балдардын шартына карай жүрүңүз байке, бирде болот, бирде жок болуп калат.

- Жарайт иним, жакшы отургула, - деп батир ээси шыпылдай чыгып кетти.

- Эмне кылганың Артык, эки-үч күндө берет элем да.

- Меники-сеники жок, мындан ары сенин маселең менин маселем, болуптур анда, мен барайын, эртең эрте келем даяр тур, окуу башталаарына бир ай калды, ага чейин үйлөнүү иштерин бүтүрүү керек, көрүшкөнчө жаным, - деп Артык аны бетинен өөп коюп жылмая чыгып кетти, Гүласыл дагы аны жылмая узатып отурган бойдон: "Кандай жакшы адамдар бар, Жапар мен төлөп койсом жашап жүрдү, көрсө ага убактылуу эрмек, жашай турган жай керек болгон тура, акылсыз десе, сага балдардын убалы жетсин", - деп ойлонуп алды...

Салия Турдумамбеттин бир тууган инисине чыккан эле, Качкыналы тээ илгери союздун учурунда партиялык кызматтарда иштеп жүрүп пенсияга чыккан, Турдумамбет эң улуу баласы, андан кийин Кадырмамбет, Шүкүрмамбет, эң кичүүсү Дастан, баары окуу жайды бүтүп кызматта иштешет. Салия адеп барганда эч кандай сырын билчү эмес, кийин Зинакандын төрөбөй бала багып алганын Дастандан укту, ал келин болуп барганда Улукбек бир жашка толо элек болчу, бара-бара аны бирөөгө окшоштурчу болду. Анткени Зинакан үйүнө конок келеби, же бир нерсе болсо эле Салияны чакырып алчу. Улукбекти жерге түшүрбөйт, абдан жакшы көрөт, ал тургай бала баккан кызга ишенбей өзү карап турат. Бир жолу ал Салияга арыз муңун айтып отурду:

- Менде чынында баары бар, бактылуумун Салия, бир гана арманым бала төрөй албаганым, - Улутунуп алды, - Улукбекти багып алдым, ансыз деле уккан чыгаарсың, жанымдан артык көрөм ушу баланы.

- Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дешет го жеңе, кайгырбаңызчы.

- Кээде коркуп кетем, төрөгөн энеси кийин таап алып менин балам, - деп талашса кантем? - Көз жашын аарчып алды, - Турдумамбетти ажырашалы десем болбойт, ал ата-энеси табылса кандай акыбалда калат, аябай жакшы көрөт, тиги оюнчукту алып келиптир, азыр ойной албаса дагы, - Бышактап жатты.

- Коюңузчу, кайдан тапмак эле, кабатыр болбой эле коюңуз, - деп жубатканы менен баланын көздөрүн качандыр бир жерден көргөндөй болуп бирөөгө окшоштура берчү болду. Бирок ал Гүласылдын төрөгөн баласын оюна да албады, бир күнү ал окуу жайдан Гүласылды үйүнө чакырмак болду, окуу башталганча аны табалбасын билет, анткени ар кимиси практикага ар кайсы ооруканага бөлүнүшкөн эле. Кадырмамбеттин аялы Асия бир күнү алардын үйүнө келип отуруп калды, анын үч баласы бар, Шүкүрмамбеттики экөө, эки абысын кичүү абысынына келип тамашалашып шампан ичип отурушту.

- Сени зеригип жатабы? - деп Гүлбүү экөөбүз келдик, - Асия күлүп калды.

- Ооба, абысындар кээде баштан таңыш керек экен да, - Гүлбү анын сөзүн ырастады, - Кичүү болуп өзүң чакырбайсың.

- Жеңемди ала келбейт белеңер?

- Ой ал жеңемди эмне кыласың, баласынан чыга албайт.

- Бала бакчу кызына дагы ишенбейт экен.

- Ой ал бала акыры ата-энесин таап кетет да.

- Ошентип ойлойсузбу? - Салия таңгала карады.

- Акемдин канча аялы бар дейсиң, бир күнү ал баланы кучактаган бойдон кетет да байкуш, - деп Асия аны жактырбаганын сездирип койду, Салия анын сөзүнүн улам этият боло сүйлөп калды: "Абысын аңдышкан жоо, - деп койчу беле, ашыкча сүйлөп алып азабын тартпайын", - деп сыйлар отурганда сырттан Зинакан келип калды.

- Оо жеңе келиңиз, - Салия жаркылдай тозуп алды.

- Силер баштан таңып жаткансыңар го? - Эки абысынын карап ичи ачышкандай орун алды.

- Биз дүкөн кыдырып чыкканбыз, - Асия актана сүйлөдү, - Анан Салияга жолуга кетели, - деп эле кире калганбыз.

- Мен бүгүн Улукту врачка алып барганмын, бир жашка толот жакында.

- Аа, жолугушканыбыз жакшы болбодубу, - деп койду Гүлбү, Салия ичинен алардын өз ара атаандаштыгы бар экенин билип турду.

- Жеңем кулагындагыны жууйт го? - деди Асия тамашалай, - Акемдин алып бергенин унчукпай эле тагына бересизби?

- Жууса жууп берейин, силерден айлансын, - деп Зинакан каткырып эки абысынына кайрылды, - Коньяк алып берейинби?

- Өзүңүз билесиз да, майласаңыз да жайласаңыз да жарашат.

- Койгула жеңелер, эң кичүүңөр да мен экенмин, түндүк меники болуп турбайбы, мен эле алып келейин жеңемдикин кийинкиге калтыралы, - деп күлдү Салия. Ошентип отуруп абысындарын коноктоону Салия өзү колго алып тамак жасап коньяк алып келди, кечке чейин отуруп анан кетишти, Салия бир аз кызуу болуп жатып алган, жарык күйбөгөнүнөн Дастан келип эшикти өз ачкычы менен ачып кирип күйгүзүп ички бөлмөдө уктап жаткан келинчегин көрүп: "Буга эмне болгон", - деп ашканага кирсе эки коньяк менен шампандын бөтөлкөсүн көрү ачуусу келе түртүп ойготту:

- Салия, эмне болгон сага.

- Эч нерсе, - Салия көзүн ача чоочуп тура калды.

- Ким менен ичкенсиң? - Ачуусу келе сурады.

- Жеңемдер келген Дастан, башым ооруп жатат.

- Ичпей койбойт белең, алар эмне келишиптир?

- Баштан кыл деди...

- Аларга теңелбе, бекерчи немелер келе берет да, - Жактырбай кийимин алмаштырды, - Кардым ачты, туруп чай берчи.

- Аа-азы-ыр, - Салия зорго турду, - Башым сынып жатат, дары ичип алайынчы.

- Жинди, мактап койсо иче бересиңби, дары болбойт, андан көрө коньяк калса ичип ал, басылып калат, - деп Дастан күлүп карап койду эле Салиянын ага жини келип кетти:

- Эмне шылдың кыласың?

- Баштан өткөн да жаным, шылдыңдабай элемин.

- Дары ичип алайынчы.

- Минтип көп ичпей жүр, гинеколог болсоң аялдар төрөгөн сайын иче берип берилип кетесиң.

- Даста-ан, башым ооруп жатса шакаба кыласың да.

- Болду-болду эми, мына коньяк бар экен, ушуну ичип алсаң оңолуп кетесиң, - Дастан болбой жатып ичирип кайра жаткырып койду, - Эс ал эми, өзүм эле тамактанып алам, - деп тамакты жылытып ичип жатып калды, жаш жубайлар азыр абдан бактылуу эле, бири-бирине ысык кези, Салия эртеси ооруканага барып врачтар менен иштеп үйрөнүп жатты, ал акушер-гинекологду тандаган, антип минткиче окуу жылы башталып кайрадан сабакка келгенде Салия Гүласылды күтүп жатты, бир кезде ал келди, бирок маанайы пас, көңүлү жок.

- Гүласыл, практика кандай өттү?

- Жакшы, өзүң кандай өткөрдүң?

- Баары жакшы, а сен кайсыл жагын тандаганы жатасың?

- Билбейм, сен уже чечтиңби?

- Ооба, аял врачы болом.

- Жакшы экен, аяш кандай?

- Жүрөт, сени үйгө чакырайын, - деп таба албадым.

- Мен айылга барып көпкө жүрүп калдым.

- Ошондой.

- Салия, сен Артык дегенди билчү белең?

- Ооба, акыркы курстагыбы?

- Ошол , мен ага турмушка чыкканмын.

- Качан?

- Бир ай болду.

- Куттуктайм, бактылуу бол.

- Рахмат.

- Ата-энеси бар бекен?

- Бар, бир агасы коргоо министри экен го?

- Оо анда жакшы экен, сүйлөшүп баш коштуңбу?

- Ооба, ал мурда аял алган тура.

- Билем, уккан болчумун, аялы бизде окучу эмес беле, таштап кетип калбадыбы, Айсалкын деген кыз болчу.

- Аа-а көргөн экенмин.

- Көрсөң ошол, эми өзүңө кандай мамилеси?

- Жакшы, көзүмдү карап турат, өзүбүзчө турганга болбой кайнатамдар менен жашап жатабыз, эң кичүүсү экен да.

- Бактылуу кылса болду да, - Салия бир азга ойлонуп калды, - Гүласыл.

- Ийи.

- Мен сенден кечирим сурашым керек эле.

- Эмне үчүн?

- Агамдын кылган айбы үчүн, анткени мен аркылуу таанышкансыңар.

- Кереги жок Салия, күнөө өзүмдөн дагы кетти, өзүм сүйдүм аны, көрсө ал көп кыздын бириндей көрүптүр да, эмнеге сени күнөөлөмөк элем, сен экөөбүз курбу коллегабыз, - Гүласыл колун кармады, - Адамгерчилигиңе рахмат.

- Мен сени көргөн сайын эле өзүмдү күнөөлүү сезе берем.

- Антпе досум, мына мен эми бактылуумун, кара көздөрүмө.

- Ошондой эле болсунчу, - Салия курбусун кучактап калды, - Бирок сенин көздөрүңдө бирдеме турат, кайгыбы же сагынуубу билбейм, өзүң Артыкты сүйбөсөң керек ээ? - деди кулагына акырын, - Сен Артыкты сүйбөйсүң Гүласыл.

- Сен мындай сөздү кайдан таптың Салия, өзүм каалаган үчүн макулдук бердим, апамдарды чакырып коноктоп, үлпөт той өткөрдүк, канчалаган адамдар келди, сени таппадым, өкүнүчтүү экөөбүз бири-бирибиздин тоюбузга катыша албадык, - Экөө кучакташкан бойдон көпкө сүйлөштү, ошол учурда мугалим кирип келип бөлүнүп отуруп калышты. Салия атайын аларды конокко чакырмак болуп Дастанга айтты эле ал макул болду, дал ушул кечте төртөө дасторкондо ичип жеп бакылдашып отурганда сырттан эшик такылдап калды.

Дастан эч нерседен капарсыз эле ачып Жапарды киргизди.

- Келиңиз. Үйгө кириңиз.

- Конок болсо кете берейин.

- Жо-ок кириңиз, Салиянын курбусу күйөөсү менен келген, - Алар сүйлөшүп жатканда Салия чыга калды:

- Дастан ким экен? - Жапарды көрүп унчукпай калды, - Ке-кел байке.

- Келдим, коногуңар болсо кете берейин.

- Ошо болчу беле, кириңиз ичкери, - дастан болбой алып кирди, Салия эчтеке дей албады, Гүласылды көрүп туруп калды, аларды байкаган Артык:

- Дастан, Салия силерге рахмат, биз кетели, - деп ордунан турду.

- Жок-жок отура бергиле, мен кетейин, - деп Жапар артына бурулганда Артык аны токтотту:

- Биз ансыз да көп отуруп калдык, кеткени жатканбыз, - Артык Гүласылга карады, - Гүлү кеттикпи жаным?

- Ооба-ооба кеттик, - Шашыла уйкудан ойгонгондой тура калды, бул көрүнүшкө Дастан таңгалып калды.

- Отурсаңар болмок, жакшы сүйлөшүп жаттык эле.

- Дагы келебиз, капа болбогула, силердин меймандостугуңарга ыраазыбыз, - деп Артык сүйлөп жатты, Гүласыл тилдеп калгандай жетегинде жөнөп бара жатып:

- Жакшы калгыла, капа болбогула, - деп кетип бара жатты, Салия үн деген жок, отур деп да айта албады, Дастандын көзүнчө агасын да урушуп чыгарып ийе алган жок, кийинки кездери ичип келип жүргөн.

- Таңгалыштуу, эмнеге мынча шашышты, жакшынакай эле отурбады беле? - деди аларды узатып келип.

- Кары кишилерден тартынып жатса керек, кеч болуп калбадыбы.

- Ошентсе деле мага таңгалыштуу болуп калды.

- Мен кайдан келдим, менден качышты окшойт.

- Койчу байке, сен ичип алып келчү болдуң, кана баягы менин сүйүктүү агам? - Салия Жапарга ачуулуу карады.

- Ичпейм деле, бир аз эле...

- Кой Салия, акемди урушпа, мейли конок өз жолу менен болсун, менин кайнагамдын кандай тиешеси бар? - деп Дастан үстөлгө отурду, - Кана тамагыңдан алып кел, бөтөлкөңдү да ала кел.

- Байкем ичпейт.

- Күйөө балам сыйлап жатса эмнеге ичпейм? - Жапар күлө отурду.

- Туура, мен өзүм сыйлайм акемди, - Дастан бир аз ичкенге ачылып Жапарга толо-толо куюп закуска берип экөө көпкө отурушту, Салия өзүнчө уктоочу бөлмөгө кирип жатып алып: "Байкуш Гүласыл ай, Артык аны сүйүп турса, ал аны сүйбөй кантип жашап кетишет, ичип жүргүчө аны өзү эле кечирим сурап кайра көндүрсө болот эле го, эми минтип же аялдан же баладан жок жүрөт, Гүласыл балдары чарчабаса тийбейт эле", - деп ойлонуп жатып уктап кетти, качан Дастан жанына келип кучактап аймалап киргенде гана ойгонуп кетти:

- Байкем жаттыбы?

- Ооба жатты, алтыным капа болдуңбу?

- Экинчи акеме арак бербей жүр, ансыз дагы аны ичпе, - деп токтото албай жатам, сыйласаң башкача сыйла Дастан.

- Жарайт алтыным, - дастан анын сөзүн уккан укпаганы белгисиз сыйпалап кирди, жубайлардын ар бир түнү өзүнчө майрам эмеспи, ошол күздө Салия кош бойлуу болуп калганын билип Дастан экөө бку3анычтары ашып-ташып жүрүштү, окуусунан кээде уктап калып кечигип калган күндөрү көп болду. Жапар ичип кетти, ал Салияныкынан Гүласылды көргөндөн бери ого бетер өкүнүп калган болчу, кетирген каталыкты оңдоо оңой эмес экенин түшүнүп өзүнө-өзү өчөшүп туруп алды: "Мен таштап кетпесем балдар да өлбөйт болчу, Гүласыл күйөөгө тийбейт эле, мага чала. Менин жашоого акым жок, эгиз балдарды өлтүрдүм, Гүласылдын көз жашы мени соо кылмак беле, өлгөндөн башка акым жок", - деп ээн талаага барып отуруп жалгыз арак ичип ыйлап тоо жаңыртып бакырып жатты. Мезгил күз болгондуктан айланадагы чөптөр куурап, күзгү сары алтындай саргайып калган убак, кечке ичип анан бир жардын үстүнө барды:

- Мен жашоого акысызмын, мен өлүшүм керек! - деп бакырып боюн таштады, аны жардын этегинен өтчү жолдон кетип бара жаткан унаадагылар көрүп:

- Оой, тиги жардан бир киши учуп түштү, өлбөдү бекен? - деди.

- Кана, каяктан кулады?

- Тиги жардан, бийик экен өлдү го?

- Кой карап коелу, соопту кайдан табабыз? - деди бири керсейип, - Бул Турдумамбет болчу, эки өзүнө окшогон кызматкер менен эки кыз болуп төштөн орун алган пикникке эс алганы бара жатышкан, Жапар эси ооп калган, өтө мас болчу, адегенде пикникке жетишти да эс алдырышты, эч жери жарылбаптыр, болгону катуу тийгенге өзөрө түшкөн экен. Эс алдырып анан жаткырып коюшту, эртеси Жапар: "Кырк жылы кыргын болсо да бей ажал чымын өлбөйт", - деген чын экен да, өлөйүн десем болбоду, эми адам болоюн", - деп жаткан жеринен туруп бара жатканда пикниктин ээси токтотту:

- Сизди бул номердеги адам чалып жолуксун деген, - деди.

- Ал ким?

- Сизди бул жерге алып келишкен.

- рахмат, - деп телефон номерди алып чөнтөгүнө салып койду, анын шаарды көздөй кеткен маршрутка кетчү жолго чыкты да жөнөп кетти, Турдумамбет аны тааныган болчу, өзүнүн офисине чакырып сүйлөшмөк болгон: "Бир кыйынчылык болгон, болбосо жандан кандай адам кечет, жаман адам көрүнбөдү эле, башына кыйын иш түшкөн болсо жардам берүүм керек", - деп ойлонуп кеткен болчу, Жапар телефон номерди чөнтөгүнө салып коюп ошол бойдон унутуп иш издеп жүрдү, кечке жумуш издеп кечке маал Салияныкына келди, ал жалгыз болчу.

- Аке, сиз болбой бара жатасыз, инженерди окугансыз, жакшы ишке иштесеңиз болот го, Дастандан уялып бүттүм, - деди капалуу, - Айсулуу болсо күйөөгө тийиптир.

- Тийе берсин, бүгүн иш издедим, табылып калаар.

- Кайдан издедиңиз?

- Курулуштардан.

- Кайнагама барып көрбөйсүзбү?

- Жок, уят эмеспи.

- Эмнеси уят?

- Барбайм, өз бетимче эле табам.

- Мейли, атамдар сиздин ичип алып бекерчиликтин доорун сүрүп жүргөнүңүздү билбейт, мен айткандан корком, атамдын кан басымы көтөрүлүп кетет деп, - Салия ыйлап басылды.

- Болду, эми такыр оозума албайм.

- Ыраспы байке, ичпей эле коюңузчу ошол ачуу сууну.

- Ичпейм, баарын таштадым.

- Алтыным бир тууганым, - Салия агасын кучактап өөп коюп кубанып кирди.

- Болду карындашым, өзүм үчүн жашоого убакыт келди.

- Ыраазымын аке, адамча жашоодон өткөн бакыт жок да, - Экөө сүйлөшүп отурганда Дастан келип калды, ал ага карындаштын бири-бири менен жайдары, ачык маанайда отурганын биринчи көрүшү эле.

- Кел аке, - деп учурашып ички бөлмөгө кирип которунуп чыгып үчөө тамактанып анан сүйлөшүп отурушту, Дастан кайнагасын аста карап отуруп сүйлөп жатты, ага ишине чалып агасы Жапардын өзүн-өзү өлтүрмөк болгону айтып сураган. Дастан эчтеке билбегенин айтып тим болгон эле. Эми минтип жайдары отурганына таң калганычы. Салияга айтып же сурай алмак эмес эле, ошол күндөн тартып Жапар келбей калды, аны анча маани берип деле ойлогон жок Салия, Дастан гана ичинен күдүктөнүп жатты. Жумуш издеп үмүтү үзүлгөндө гана Жапар баягы телефонду эстеп чалды да анын айткан жерине келди. Турдумамбет аны менен жолугушканга жардамчысын жөнөтүп катуу дайындады. Ошентип Жапар ал адамга жолугуп жумушка орношмок болду, айткан жерге келсе шефи чалып койгонбу дароо эле алды. Кубанычтуу кол алыша начальнигине ыраазычылыгын билдирип кайра катып келе жатып батирге сүйлөшүп кирип калды. Жапар өз кесиби боюнча бир курулушка мастер болуп иштеп айлык акысы жакшы болуп калды. Арадан эки-үч ай өткөндө Салияныкына келип, ал абалын билдирип анан кетти, анын чыкыя кийинип алганына Салия кубанып көңүлү тынып калды. Иши жакшы болгону менен жашоосуна абдан нааразы болуп жүрүп кыз-келинге көңүлү келбеди, ишине берилип жүрө берди, убакыт кээде аркырап аккан суудай болуп өтсө, кээде жылжып аккан булактай өтө берди...

Гүласыл менен Артык бактылуу жашап жатышты, окуусун бүтүп адегенде Артык ооруканалардын бирине хирург болуп орношту, эки жылдан кийин Гүласыл бүттү, ошол жылы ал уул төрөдү, бирок анын төрөгөн баласын врачтар төрөлгөндөн оорукчан дешти, өзү дагы көрүнүшүнөн көрүнүп турду, Гүласыл аны көрүп ыйлап-сыктап:

- Менин жазам ушул болду, эгиз балдарды таштаганым үчүн ушундай болду, - деп буркурап турганда Артык:

- Болду жаным, балким жакшы болуп кетет.

- Кайдан жакшы болмок эле Артык, атамдарга кантип айтабыз?

- Кудайдын кылганына ким каршы тура алат, айла жок, капаланбай эле кой, - Артык келинчегин соороткону менен ичинен ирээнжип турду: "Эмнеге мунун күнөөсү үчүн мен кошо жазаланышым керек, мен дагы адам катары балалуу болуп маңдайым жарыла кубанышым керек, оорукчан балалуу болдум, - деп жоро-жолдошума кантип айтам", - деп ойлонуп жатты, Толкун кызынын төрөгөнүн угуп жетип келген эле, небересинин оорукчан төрөлгөнүн угуп көңүлү чөгө түштү, кызын жубатып чыгаар күнү кудагыйы менен Артык келип үйүнө алып кетишти. Эки-үч күн тургандан кийин Толкун Гүласылды үйүнө алып кетти. Гүласыл уулунун оорукчан экенин ойлонуп мелтиреп ойлоно берип ооруп калды, баласына көңүлү келип жакшы карабайт, али ороодо болгондуктан наристенин оорукчанын башкалар билбейт эле, келип көрүп кетип жатышты. Кантемир аны коноктоп уулуна тай энчилеп берди. Бир жумадан кийин Артык келип эки-үч күн жүрүп калды, ал уулунун жүзүн көрүп ичи жылыганы менен буту колун көргөндө, көз караштары ирээнжитип бара-бара сууп Гүласылдан дагы четтеп бара жатты. Убакыт өтүп анда-санда келип-кетип туруп эле такыр каттабай калды, Гүласыл дагы анча карабай абдан ыйлаак болуп үч ай болгондо чарчап калды. Ошол бойдон аны унутуп анан иштеп баштады, өз айылындагы ооруканага акушер-гинекологдун орду бош эле. Ал ишине так болуп күнү-түнү толготкон аялдарга үйүнө барып, төрөтканага чакырса жетип келип оозго алынып калды. Толкун кызынын багы ачылып бир жерге тынып калса, - деп ойлонгону менен Гүласыл эч бир эркек менен сүйлөшпөдү, апасына ар ким айтып ортомчулар түшсө дагы көңүлү калып калганга күйөөгө чыккысы келбей жүрө берди. Беш жыл зымырап билинбей өтүп кетип бир күнү эле айылдагы тойго апасы менен барып калып, ал жерден Жапарды көрүп эптеп качып кетти. Жапар той болуп жаткан үйдүн эсине куда эле, бир агасынын аялынын агасы сүннөт той берип жаткан. Жапар эми эле аялдар менен келип үйгө кирип кеткен Гүласылды акмалап туруп кайра таппай калды. Анан жеңесинен:

- Жеңе, ушул айылда Гүласыл деген кызды билчү белеңиз? - деди.

- Бектемирдин кызы эмеспи?

- Ии-ий ооба-ооба.

- Аны кайдан тааныйсың?

- Ал көп сөз жеңе, аны азыр эле көрүп, кайра таппай калдым.

- Ооба келген.

- Анан сүйлөшөбүз жеңе, - Жапар кубана ары басып кетти, тойго келген элдер көп эле, алардын көзүнчө аркы-беркини сүйлөп отурууга мүмкүн эмес эле. Ал күнү Жапар калып калды, эптеп эле Гүласылга жолугуп аны мен сүйлөшмөк, анын ажырашканын Салиядан уккан, ошондон бери анын дарегин таппай жүргөн. Эртеси жакындары гана калып ээндей түшкөндө жеңеси жамал:

- Сүйлө, кандай сөз бар? - деди сынай.

- Ошо, тиги Гүласылды сурамакмын...

- Ал азыр бул жерде иштеп жатыптыр, күйөөсү менен ажырашкандан кийин баласы чарчап калган дейт, менден кандай жардам керек? - Жылмая карады.

- Ошого жолугушум керек.

- Жарайт, ал экөөбүз бала кезде ынак болчубуз, кийин эле жолугуша албай калдыкпы, мен аны азыр үйгө чакыртам, сен көрүнбөй туруп анан кетип жатканда тос, - деп Жамал айтканда Жапар кубанып кетти. Жамал инисинин баласын Толкундун үйүнө жөнөтүп Гүласылды чакыртып алды, экөө жадырап жакшы учурашышты.

- Канчадан бери көрүшө элекпиз, убакыт деген өтө берет экен, - деп Жамал ага чай куюп отуруп сөз баштады, - Айылда иштеп жатыпсың.

- Ооба, буйрук экен, өз айылыма кызмат кылып жатам.

- Жакшы, окууну бүтүп алдың, жашоо кандай анан?

- Ажыраштым, балам чарчап калды...

- Жаман болуптур, күйөө эмне өз айылыбыздан чыгаар.

- Эми кереги деле жок, көңүлүм калды, эрсиз деле жашаса болот да.

- Кой антпе, жыйырма алты, жыйырма жети жашыңда эле кала бермек белең Гүласыл, өзүң жалгыз кызсың, үй-бүлөө күтүп бала-чакалуу болушуң керек да.

- Жок, жалгыз өтөм, - деп өзүмө-өзүм ант бердим.

- Бул да өтөт Гүласыл, ачууң тарайт, убакыт өзү дарыгер деген сөз бар го, акырындап тагдырга көнүп бересиң.

- Билбейм, сүйөм-күйөм дегендерден тажап да, көңүлүм да калды, - Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушту, Жамал аны сыйлап, тойдун кешигинен берип анан:

- Сен дагы ушундай той бер, балалуу бол, - деп жоолук салып жөнөттү, анын чыгышын чыдамсыздык менен күтүп турган Жапар капысынан чыга калды:

- Гүласыл!

- Жапар.

- Кандайсың Гүлү?

- Жакшы, - Гүласыл кабак бүркөй басып кетмек болду.

- Гүлү, бир аз токточу эми, сүйлөшөлүчү.

- Эмнени? - Гүласыл аны ызалуу, ачуусу келе карады, - Экөөбүз сүйлөшчү сөз калды беле?

- Кое турсаң, али сөз көп Гүлү, жок дегенде бир мүмкүндүк бер.

- Болбойт, жолумду тоспо!

- Жок, мен сени менен сүйлөшмөйүн кетпейм.

- Жапар, сени желкемдин чуңкуру көрсүн.

- Мага ошол да жетет, - деп Жапар аны артынан кучактап калды, Жамал аларды көрүнбөй туруп ортолорунда бир сөз барын баамдады, Жамал Гүласылдан бир жашка улуу, бирок коңшу болгондуктан ынак болчу. Кээ бир Жамалга кат жазган жигиттердин катын Гүласыл ташычу: "Демек экөөңөрдү мен кошом, бири-бириңерди тааныйт экенсиңер, таарынышып кетсеңер табыштырам", - деп ойлонуп жылмайып алып үйүнө кирип кетти.

- Жапар, кое бер апам көрөт, эл көрөт эмне дейт? - Гүласыл андан бошонууга аракеттенип жулунду, айланага иңир кире баштаган.

- Көрсө көрсүн, менин тунгуч сүйүүмсүң.

- Сүйүүнү кеп кылба, сүйө албагандан кийин.

- Аның туура, мен жөн гана жаңылдым Гүлүм.

- Ошол жаңылууң канча кишинин бактысына балта чапканын билесиңби?

- Ооба, экөөбүзгө эле кыйын болду.

- Жок, сен төрт адамдын бактысын кестиң.

- Кандайча?

- Түшүнбөсөң жолуң тигине! - деп Гүласыл андан күч менен бошоно басып кетти, бир саамга делдээ туруп калган Жапар, кайра анын артынан жүгүрүп жетип, карыдан ала өзүнө тартып кучактап калды, Гүласыл тырмышып бошонмок болду, бирок аны катуу кучактап алгандыктан тааныш жыт анын каңылжаарын өрдөп башын айланта жошуй туруп калды:

- Алтыным, жаңылдым-жаздым, ошондон бери өзүмдү-өзүм жазаламак болуп өлмөк дагы болдум, өз убактым келе элек болсо керек өлгөн жокмун, бирөөлөр алып калды, сага канчалык айтсам дагы ишенбейсиң...

- Сен ишене турган иш жасадыңбы?

- Аның чын, өзүмдөн кеткен үчүн кечирим сурап жатам да, - Жапар аны кое берип көзүнө тике карады, - Эгерде сен кечирсең дагы өзүм кечире албайм го?

- Өкүнгөндө не пайда?

- Эми ошол каталыгымды оңдосом дейм, сен уруксат берсең.

- Өз учурундагыдай болмок беле, куру убара болбо.

- Эмнеге болбосун, баарын башынан баштасакчы?

- Өткөн окуяны кантесиң?

- Эми турмуш курсак баары ордуна келет эле...

- Жок Жапар, жаңылып жатасың, менин өмүрүмдө жүрөгүмө түшкөн кара так кетпес болуп калган, жашоом бүткөнчө эки баланын жүзүн көрбөй өтөөрүмдү ойлосом түнү уйкум, күндүзү тынчым кетет.

- Эмне, балдар тирүүбү? - деп жиберди Жапар, Гүласыл байкабай айтып алганын кеч түшүндү.

- Жок-жок, - Сөз таппай чар жайыт сүйлөп кирди, - Алардын өлгөнүн айттым.

- Гүлү, сен бир нерсени жашырып жатасың менден.

- Эмнени? - Гүласыл бирөө угуп койбосун дегендей эки жагын карады, - Билип туруп басып кетпедиң беле, же жалганбы, эгерде менин көз жашымды көлдөтүп туруп басып кетпегениңде азыр балдар алтыга чыгып калмак!

- Аның туура, - Жапар унчукпай калды.

- Эми мага жолугуп жарамдын оозун сыйра бербе, эми мен сенин жаныңа жоломок турсун карабайм Жапар, жүрөгүм тоңгон музга айланды, көкүрөк көөдөнүмдө арман менен өкүнүч басып калган, өзүм дагы уу чачылган бөлмөдө калгандаймын, бир гана мени алаксытаар ишим бар, эл мененмин, ушул менин жаштыгымдан тапканым, - деп колун силке басып кетип үйүнө кирди да артына бир кылчайып карап коюп кирип кетти. Ал үйүнө кирсе Толкун күтүп отуруптур.

- Келдиңби Гүлү?

- Ооба апа келдим.

- Чарчасаң эс ал кызым.

- Эмне иш барбы?

- Жо-ок, - Толкун көзүн ала качты, ал жакындан бери бирөөгө турмушка чыкмак болуп айта албай жүргөн, эми инилери Субанбек менен Уланбек келип Гүласылга айтмак, ошону ачык айта албай тим болду.

- Эртең эрте барам апа, бир келин төрөй албай жатып төрөгөн, ошонун абалын көрбөсөм болбойт, - деп уктачу бөлмөсүнө кирип кетти. Толкун: "Аттиң, ушул кызым деп жаш өмүрүмдү өткөрдүм, ак караны тааный элегинде неге чыгып албадым, жалгыз болбой уул же кыз бир тууган болуп калбайт беле, эми түшүнөөр бекен, карыганда кантип күйөөгө тиесиң, - деп карабай басып кетсе кантем, жалгызымдын көңүлүн оорутуп аламбы, чыкпайм, - десем болбой да жатат", - деп ойго чөмүлүп отурганда эки иниси менен Кантемир аялдары менен кирип келишти:

- Гүлү үйдөбү?

- Ооба, - деп Толкун көңүлсүз баш ийкеди, - Уктаганы кирди.

- Мен ойготоюн, - деп Уланбектин аялы Сонун кирип кетти, - Ай сулуу кыз, али эл жата электе жатып алганың эмнең? - деди күлө төшөгүн тартып.

- Жеңе, эмне болду, тынччылыкпы деги? - Гүласыл өйдө болду.

- Тынччылык эле, тур эми сага сүйлөшөлү, - деп баарыбыз келдик.

- Эмнеге, эртең болбойт беле? - Тургусу келбей ыргылжың боло зорго туруп Сонундун артынан чыгып келди, Гүлбара тамак-ашын даярдап дасторкон жайып ийген, чогуу отуруп бир чыныдан чай ичишкенден кийин Кантемир сөз баштады:

- Гүлү, эми сен баарына түшүнүп калдың, ак караны ажырата аласың, минтип элге пайдаң тийген догдур болдуң, - деди эки жагын карай.

- Аке, эмне дегени жатасыз деги, айтыңызчы батыраак эмне болду?

- Эчтеке болбоду жээним, - Субанбек кепти чойду, - Сени түшүнөт деп атайы келдик, эжемди күйөөгө бергени жатабыз.

- Эмне?! - Гүласыл ар бирине токтоло карап туруп калды, ал мындай болот деп күтпөгөндүктөн жаман угулду.

- Ооба кызым, - деди Кантемир, - Жеңем бир сен деп өмүрүнүн көбүн жалгыздыкта өткөрүп келе жатат, эгерде жаш калган аялдын уул же кызы шарият боюнча үч жолу күйөөгө чык, - деп эне сүтүнүн карызынан кутулушу керек эле, эми ал салтты сен аткарышың керек, ал баланын милдети.

- Апа, бирдеме жебейсиңби? - Гүласыл апасына карады, ал көз жашын аарчып тим болду, - Бирдеме десең боло апа, ушуга сен өзүң макулсуңбу?

- Гүлү, апаңды кыйнаба, азыр секелек жаш кыз эмес, бирөө зордоп күйөөгө бергидей, кемпир эмес эчтекеге карабай өчөйүп отуруп калгыдай, - деп Жүрсүн сөзгө аралашты, - Жашоо ушундай кызым, мунун дагы акысы бар, адамча жашап өткөнгө, акемдин азасын отуз жылдап тартканы жетишет.

- Сен болгону апаңа ыраазылык бер Гүлү, - деди Уланбек, - Эжем али элүүгө жаңы чыкканы турат сен аны түшүн.

- Мен ошол күйөө болчу немени көрмөйүн эчтеке айтпайм! - деди Гүласыл апасынын сөз сүйлөөгө алы келбей ыйлаганын көрүп.

- Макул анда биз кайталы, өздөрүнчө дагы сүйлөшүшсүн, - деп Кантемир дасторконго бата кылып баары тура жөнөштү, эне-бала көпкө чейин үн-сөзсүз бири-биринин дем алганын тыңшап отура беришти. Көптөн кийин Гүласыл:

- Апа, ал кандай неме? - деди акырын.

- Билбейм кызым, кыскасы адам.

- Өзүңө жагабы деги?

- Мага жактырганды ким коюптур садага.

- Эмнеге бул сөз чыгат, сенден сурабай эле өздөрү билип жатышабы?

- Жок, ал көптөн бери мага келип айтканынан болбой койгонмун, анан акеңе, ал Субандарга барыптыр, мен деле туура көрдүм кызым, бир үйдө жалгыз калганда ар кандай ойлор келет экен кызым, таңды уйкусуз аттырган күндөрүм болду, тагаңдар келип айтканда туура көрдүм...

- Апа, эмнеге мурда эле тийип албадың экен?

- Сени бирөөнүн түрткүнчүгүндө калабы, - дедим кызым.

- Эмичи, эми мен деле жалгызмын да апа?

- Сени бир күнү келип күйөөң алып кетет кызым, Артык эки күн мурун эле келип кетти, - дегенде Гүласыл апасын жаңы көрүп тургандай таңгала карап калды, - Ооба садага, ал катуу ооруптур, келе албаганы ошол тура.

- Эмнеге мага айтпадың апа?

- Өзү келгенде көрсүн, таарынычы жазылаар дедим каралдым.

- Эми анын кереги жок!

- Кой кызым, андай дебе, жашчылыкта баары боло берет.

- Болсо боло берсин, мага кереги жок, качан келебиз деди?

- Эмки жумада куда-кудагыйлар келебиз дешиптир.

- Апа, келбегиле дебейт белең?

- Эмнеге кызым, мага сенин үй-бүлөө күтүп бактылуу болгонуң керек да.

- Мен эми ага да барбайм, күйөөгө дагы тийбейм.

- Антпе каралдым, сен азыр күлгүндөй курактасың, он гүлүңдүн бири ачыла элек.

- Апа, - Гүласыл апасынын жүзүнө карады.

- Угуп жатам кызым.

- Өзүңө жакса турмушка чыгып ал ээ?

- Тентегим десе...

- Баланын милдети деди го, уулуң болбосо мен айтам да.

- Садагам, уктап эс ал эми.

- Уйкум качып кетти.

- Жатсаң уктап каласың.

- Атамды сүйүп чыктың беле апа?

- Жаш баланын суроосу...

- Чын айтсаң апа, атамды сүйүп тийдиң беле?

- Ооба кызым, экөөбүз сүйлөшүп баш кошконбуз, - Толкун улутунуп үшкүрүп ийди, - Көп тилектери бар эле, максатына жетпей кетти, сенин суйсалып бой жеткениңди көрбөдү...

- Апа, атам жакшы киши беле?

- Айтпа, жоош-момун эле, бирөөгө катуу сүйлөчү эмес, жаман айтчу эмес.

- Эмнеге жакшы адамдар өлүп калат?

- Жакшы адамдар бул дүйнөнүн арам жолуна түшүп, жүрөгү кирдебесин, - деп таза бойдон алып кетет тура кызым, адамдар кандай гана өзгөрүлүп жатат, алдуусу алсызын соргону араң турат, бийликтен кут кетти, элден ынсап кетти кызым, сен адамдын ден-соолугу үчүн күрөшөсүң, акча байлык колдун кири, арам ойго алдырба, абийириңди акчага алмаштырба, адам болуп жаралган соң адам болуп өткөнүң абзел садага.

- Айтканыңды аткарам апа, - деп тура калып өөп, - Сенин жаныңа жатайынчы, - деди.

- Жата бер кызым, уктайлы эми кеч туруп калып жүрбө, - Эне сүйлөп жатканы менен оюнун баары башкада болуп турду: "Жаш келинче жаңылып калбас бекенмин, балдары менен алынып кете аламбы, кызыма жакшы мамиле кылып атасындай болбосо да агасындай болоор бекен, жалгызымды капа кылып көңүлүн оорутпайбы", - деген эчен суроолорго жооп таба албай кыйнала берди. Гүласыл андан бетер сары санаага батып түйшөлүп, уйку көрбөй таң аттырды, таң атып ата электе алардын эшигин бирөө каккылады, Толкун туруп келип:

- Кими бул? - деп эшикти ачпай суроо узатты.

- Эжеке, келинчегим толготуп жатат, Гүласыл эжени айтып коесузбу?

- Азыр айланайын, азыр айтам, - Толкун кайра кирип Гүласылга айтты эле, ал дароо эле кийинип сыртка чыкты, келген жигиттин унаасына отуруп жөнөп кетишти, ал келгенде келин кыйналып жаткан экен:

- Эгиз тура, төрөтканага алып баруу керек, - деди Гүласыл өзү да чоочулап, ал мындай төрөттү кабыл ала элек болчу, өзүнүн он тогуз жашында төрөгөн эгиз уулдары көз алдына келип: "Кандай бактылуу балдар, ата-энеси кубанып жүрөт, мен уулдарымды эч ким билген жок, атасы каалаган да эмес, жалгыз менин сүйүүм жетишпеди, акылсыздыгым өзүмө жоо болуп шайтанга азгырылдым, чырактай балдарымды чоочун адамдардын колуна салып бердим", - деп өзү көрүп келген кичүүсүнүн томпоңдоп басып калганы көз алдына келе көзүнө жаш келе калды. Ошол учурда алар төрөтканага жетип келишти:

- Эже келип калдык, - дегенде оюнан адаша түштү, Гүласыл аны ичкери алып кирип күзөтчү сестранын жардамы менен уколдорун берип төрөт залга киргизишти, жарым сааттан кийин гана тердеп чарчагандай Гүласыл чыкты:

- Эки уулдуу болдуң иним, куттуктайм, - Болоор болбос жылмайды.

- Рахмат эжеке, колуңуз дарт көрбөсүн, - Темирболот Гүласылдын колунан өөп жиберди, - Кудай тилегиңизди берсин, аялымдын абалы кандай?

- Айтканың келсин, экөө тең буйруса жакшы.

- Жакшы анда, эми бара берсеңер болот, бул жерде үч күн жатат.

- Макул эжеке, - деп Темирболот терезеге кетти, Гүласыл ордуна келип али көзүн ача электе ууз жытынан чала-була жыттап алып таштай качкан балдарын эстей берди: "Оо кудайым, менин күнөөм жер көтөргүс, эмнеге таштадым экен балдарымды, чыдасам болбойт беле, окубасам жок деп эки уулумду кучактап апамды көздөй баса берсем эмне, эмдигиче чоңоюп калбайт беле, аларга кантип мен силерди төрөгөнмүн, - деп айтууга оозум барат, чоочун адамдай гана караанына зар болуп жүрүп өтөм го, кокус турмуштан кыйынчылык тартып өссө мурда кайда элең дейт го, мүмкүн бардар үй-бүлөөдө өссө сен кимсиң деп басып кетет, түн уйкумду кечип эмчек сүтүн бербесем, бешик терметип аллейлеп бакпасам, апа деген сөз оозуна чыккан кезде маңдай жарыла кубанып кайталап сурап кубанычка батпасам, жаңыдан кадам шилтеп тамтуң басканда тай-тайлап жетелебесем, менин энелигимдин аларга эмне кереги бар", - деп отурганда сырттан.

- Мына, бул кабинетте, - деген акушерканын үнү угулуп карай берип босогодон кирип келе жаткан Жапарды көрүп ордунан тура калды.

- Жапар, бул жакта эмнеңди жоготуп жүрөсүң? - Жини келгендей карады.

- Сени менен бирге бактымды жоготтум Гүлү.

- Тамашаңды токтот да кабинеттен чык!

- Сүйлөшөлүчү Гүлү.

- Мен сага кечээ эле айтаарымды айтпадым беле?

- Мен эчтеке укпайм, сени көргөндөн бери кулагым керең, көзүмө сенден башка көрүнбөй азап чектим Гүлү, мага мүмкүндүк бер.

- Баланын оюнчугундай көрүп бүткөнсүң, эми сага ишенгиче бир итке ишенген дурусураак болот, - деп Гүласыл катуу айтканда Жапар кетээнчиктей түштү.

- Гүлү, анчалыкка барба.

- Дагы эмне кылайын, же сени менен колтукташып алып деңизге түшөйүнбү?

- Андай болоор күн гана?

- Мейли сөк, мейли саба, жаныңдан жарым карыш чыксам кудай бар, мен эми сени кое бербейм, эгерде сөзүмдү угуп айтканыма көңүл бурсаң жакшылап кеңешели, болбосо ушул азыр көзүңчө бир нерсе кылып алдыңа өлөм! - деп Жапар аны кучактап калды, - Гүлү, мен сени алып кетем.

- Жинди болбо Жапар.

- Жинди болгонум качан, сени менен минтип жүргөнчө өлгөнүм жакшы.

- Жапар, бирөө кирип келсе уят, кое берчи мени.

- Келсе келсин, үйлөнөөрүмдү айтам.

- Болуптур эми кое бер, сүйлөшсө сүйлөшөлү, - дегенде Жапар аны кое берди, Гүласыл орундукка шалк эте отуруп башын мыкчый калды, - Кыз боозуп алып энесин коркутат дегендей баарын өзүң кылып эми мени эмнеге кыйнап жатасың?

- Ал күнөөм үчүн миң ирээт кечирим сурадым го?

- Ооба дегенде бары унутулчу нерсе болсо го, кана болчу сөздү айт, болбос сөзгө кулак ачпайм Жапар.

- Жарайт, эмесе мындай, - Жапар анын бет маңдайына отуруп көзүнө тике карады, - Мен сен жөнүндө ата-энеме айттым.

- Эмне-е?

- Ошол, алар абдан кейип калышты, эми сени алып кеткени келдим.

- Жапар, ойлонуп жасалган иш жакшы.

- Жети жылдан бери ойлонуп бүттүм, эми мындан ары чыдай албайм.

- Сени эч ким кыйнаган жок, өз бактыңдан көр.

- Туура, өз убалым өзүмө, - деп далай түндү сенден кечирим суроо менен өткөрдүм.

- Менден эмес кудай алдында күнөө жасадың.

- Эми ошону жууганга убакыт жетти.

- Бекер кыласың, мындан көрө өз жолуңду тапканың жакшы эле.

- Келесоомун, сенсиз башка менен жашай албасымды кеч түшүндүм, - Ошол учурда бир аял баш бакты:

- Кечиресиз, кирсе болобу?

- Кириңиз, - деди Гүласыл, - Сөзүң бүтсө бар эми Жапар, - деп ага кайрылганда ал аргасыз ордунан туруп сыртты көздөй бара жатып:

- Али сөз бүтпөдү, дагы жолугабыз, - деди да чыгып кетти, Гүласыл кирген аялдарды көрүп көпкө колу бошободу, ойлогонго дагы мүмкүн эмес эле, кош бойлуу аялдар өчөшкөнсүп көп келиптир, көбү жаш жаңы кош бойлуулар экен. Жапар аны бура бастырбады, эртели кеч алдынан чыгып, жумушуна келип тажатып жиберди, айткандай эле жума күнү түштөн кийин Артыктар келиптир ата-энеси менен Гүласылды Толкун чакыртып алды, Артыктын өңү азып бутунан сылтып калыптыр. Аркы-беркини айтып жатып Кантемир менен Жүрсүн келип союш союп коноктоп калды, Артык Гүласыл экөө өздөрүнчө үйдүн артында сүйлөшүп турду:

- Гүлү, мени кечир, машинадан авария болгондон кийин баспай калат дешти, бутум алты ай асылып турду, төрт жеринен сыныптыр, кийин баспай калдым, ошол үчүн сага дагы айткан жокмун, бала менен кыйналат деп ойлодум, бир жылдай баспай төшөктө жатып калдым, - терең дем алып алды.

- Айтып койсоң болмок экен.

- Шал болуп жатсам сага оор болоор дедим.

- Эмнеге, аялың болгон соң карамакмын.

- Кыйнагым келбеди.

- Эми жакшыбы?

- Жакшымын, баштан дагы жаракат алдым.

- Жаман болуптур, кыйын учурда жаныңда болбодум, эми менин кандай керегим бар Артык, келбегениң туура болмок.

- Эмнеге?

- Ушунча жыл өттү, эми тынч эле ажырашып алганыбыз оңго?

- Мен сенден мындай сөз угам деп ойлогон эмес элем.

- Туурасы бири-бирибизди унутканыбыз оң.

- Андай дебе Гүласыл, мен сенден ажырайын деген оюм жок.

- Жок болсо эми ойлон Артык, кары кишилерди бекер убара кылыпсың.

- Алар алда качан эле келишмек, Нурай жеңем өтүп кетпедиби?

- Эмне болуп, ооруду беле?

- Бир аз күн башым, - деп дары ичкен экен, анан эле катуу оорутуп чыдабай калганда ооруканага алып барып ошол эле күнү кете бериптир.

- Жаман болуптур.

- Жаман болбой, эки баласы али жаш эле да.

- Жаткан жери жайлуу болсун.

- Жайы жаннатта болсун байкуш, бирок өлөөрдө бир эки ооз сөз айтканга үлгүрүптүр, эгиз балдардын дарегин...

- Айтыптырбы?

- Ооба, алар экөөбүздүкү дейт эмеспи, атам болсо неберелеримди көзүмдүн тирүүсүндө өз тууруна кондурам, тукумум башканын эшигинде өсүп кийин жаман сөзгө калып, бакма экенин билген кезде өкүнбөй турган болсун, - деп жатат.

- Кантип, кандай болот Артык, аларга чындыкты айтуу керектир.

- Болбойт, эми кеч болуп калды, атам уже изилдетип дареги боюнча адвокат жалдап ишти баштап койду, - деди Артык терең дем ала, - Биз эми артка кайта албайбыз.

- Бирок сенин каның болбой калса жеңилип берээри анык да туурабы?

- Анысы бар, сотко чейин жетсе анда текшерилет.

- Демек убара болгондун кереги жок экенин айтып түшүндүрүүң керек.

- Анте албайм, атамдын алдында калпым чыга турган болсо сабагандан кайра тартпайт, - деди Артык күлүп.

- Бала сеники эмес экенин билгенде деле калпың чыгат, мени жаман көрүп калышат.

- Көрөбүз, кыргызча жол менен көндүрөбүз, - деп жатат.

- Ошончо баккан немелер жөн бере койбостур?

- Аның туура, бирок атамдын өз билгенинен кайра тартпаган адаты бар, балабыздын оорукчан төрөлүшүн дагы ошол күнөөбүздөн, - деп көрүп жатышат, баары бир өз каалаганын кылат.

- Гүлү, үйгө кирели, - деди Толкун чыгып үн сала.

- Азыр апа, - Гүласыл Артыкка карады, - Жүрү үйгө кир эми.

- Кирсе кирели, - Экөө ээрчише ичкери киришти, Медет мандаш токунуп төрдө отуруп баарын айткан болчу бул учурда, Толкун ичинен сызып эле үн деген жок, анткени ал эч нерсенин аныгын билчү эмес, Артык экөөнүн баласы экенинен күмөн санаган жок. Конок болуп ал күнү калып калышты, эртеси Гүласыл кала турган болду, Артык ата-энеси менен кетти, ал ойлонуп анан чечсин, - деген ойдо болгон. Гүласыл балдарын ойлонуп кыжаалат болуп бирок жумушунан калууга болбосун түшүнүп шашыла ооруканага жөнөдү. Аны Жапар жолдо күтүп турган, алдынан чыкканда сүйлөшкүсү келбей өтүп кетмек болду:

- Салам Гүлү? - деп жете келип бетинен өбө учурашты.

- Кандай тажаал немесиң элди көзүңө илбеген.

- Эл экөөбүздү эмне кылмак эле, жашоо экөөбүздүкү.

- Уят деген болуш керек Жапар.

- Болду, ушинте бербечи Гүлү, мен сени үйгө алып кетемин.

- Сотко беремин, мени жайыма кой.

- Мейли, сен үчүн соттолсом өкүнүч жок.

- Ушунчалык дагы бетсиздик болобу?

- Бул сүйүү жаным, ишен-ишенбе мен сени сүйөм.

- Сүйөм, - деп айтуу оңой, сүйө билүү кыйын.

- Жаңылыштыкты ар бир адам кетирет.

- Жолумдан калтырба Жапар, иштен кечигип жатам.

- Жарайт, - Жапар мындай боло берди, - Мен сени күтөм.

- Күтпө, - Гүласыл артын карабай ушинтти да ылдамдай басып кетип бара жатты, аны артынан карап турган Жапар: "Кечирилгис күнөө болбойт жаным, баары бир менин аялым болосуң, ошондо түшүнөсүң сени кандай сүйөөрүмдү, Айсулууга арбалып сени чынында жаман абалда калтырганмын. Жаңылганымды кийин түшүндүм", - деп мелтирей карап турду. Айылдык чакан оорукана, төрөтканада ондой орун бар, кээде толуп кетет, кээде бир эки аял болот, терапиясы өзүнчө, хирургиясы дагы бар, жеңилин ошол жерден операция жасап оорлорун райондук ооруканага жөнөтүшөт. Ондой врач менен жыйырмадай медсестралар иштейт, башкы врач Муктар Айылчиевич ошол күнү Гүласылды өзүнө чакырып жаткан, кирээри менен эле сестра айтканда шашыла ага жөнөдү.

- Чакырыпсыз агай.

- Кел отур Гүласыл.

- Бир маселе болдубу агай?

- Жок, кам санаба, баары жайында, - Муктар Айылчиевич үстөлгө өбөктөй ага тигилди, - Сени районго котормок болушту.

- Эмнеге агай?

- Билбейм, бүгүн ошондой дешти.

- Бүгүн барышым керекпи?

- Жок, кааласаң эртең бар, бирок бүгүн бошсуң, камына берсең болот.

- Жарайт агай, анда мен кете берейин, - Гүласыл ордунан турду, - Жакшы калыңыз агай.

- Жакшы бар, ийгилик каалайм.

- Рахмат, өзүңүзгө да... - Гүласыл кабинетине келип кийинип, өзүнө тиешелүү буюмдарын алып ооруканадан чыгып бара жатты, бул сапар Жапар аны кечинде чыгат деген ойдо бир жакка басып кеткен болчу. Үйүнө келгенде Толкун чоочулай карады.

- Эмне болду, ишиң...

- Апа, мени районго которуп жатат.

- Эмнеге ботом?

- Билбейм, эртең барам го?

- Мейли, - деп эле кыйпычыктап калды, ал үйдү жасап, баарын ирээтке келтирип, тамак-ашын даярдап конок күтчүдөй болуп жаткан.

- Бирөө келеби апа? - деди Гүласыл түшүнө албай.

- Жо-ок, тиги-и...

- Аа-а, мейли ким келсе дагы, мен Жамалга барып бир аз отуруп келейинчи.

- Макул кызым, баса ал бул жерде бекен?

- Ооба, көптөн бери бул жерде го.

- Ии-ий мейли кызым, - Толкун эс ала түшкөндөй болду, ал дал бүгүн көптөн бери сүйлөшүп жүргөн Дүйшөбай келмек , чынында ал аны шаштырып жаткан эле, аялы өлгөнүнө эки-үч жыл болгон эле, балдары атасын үйлөнтмөк болуп калышканда бир тааныш курбу досу Толкундун үйүнө ээрчитип келип тааныштырып койгон эле. Ошондон бери кайненесине, инилерине барып жаны калбайт, эки кыз үч уулу бар, баары шаарда иштешет эң кичүү уул-келинин калып карагыла десе келини такыр болбой кетип калган болчу. Өзү дагы карыганда келиндин көзүн карагысы келбей аял издеп жүрүп Толкунду жактырып калган, кезинде Дүйшөбай совхоздун кызматкерлеринин катарында иштеди, эсеп-кысап боюнча алдыга киши салчу эмес, баары сыйлашчу, эми минтип жетимиштин кырына келип кемпири өлгөндөн кийин бир аз кейий түштү. Толкун болсо жашы, алты саны аман, ден-соолугу таза келин, кыргыздар айтмакчы: "Куйругу менен кум сайып", иштесе ишке тойбогон жаш аял. Ал эми гана өзүнүн сай-сайлап оопасыз өтүп кеткен өмүрүнө өкүнүп жүргөн кези, көрсө өзүнүн аял экенин такыр унутуптур, өзүнүн бирөөгө керек экенин сезбептир. Күйөөсү өлгөндөн кийин далай эле күйөө болчулар чыккан дечи, бирок бирине дагы макул болбой уят, намыс деп жүрүп мына кырк сегиздин кырына келди. Гүласыл чыгып кетээри менен төргө бийиктеп жаздык коюп, дасторкон жайып үстүн толтуруп жиберди. Жетимишке караганы менен али күүлүү Дүйшөбай култуңдап тамашалай сүйлөп тийишип Толкунду абдан жактырып калганын айтып келет. Ал ушул келишинде карындашы менен улуу келинин алып келди. Учурашкан соң орун алышып Толкун чай куюп отурду:

- Толкун, кызга айттыңбы? - деди Дүйшөбай.

- Жок айта албадым, туура эмес түшүнүп алабы деп...

- Бала деген бала Толкун, ачык айтышың керек.

- Жалгыз кызымдын көңүлүн оорутуп аламбы деп корком.

- Коркпо, бала энени кечип кете албайт, - деди карындашы Алымкан.

- Ким билет, ушул жашымда күйөөгө тием деш кыйын тура.

- Эми эмне кылсам дейсиң, биз камынып койдук, балдар дагы келип калды эле, - деди Дүйшөбай.

- Чынын айтсам турмушка чыгуу оюмда жок эле, мынчалык болгондон кийин дагы беш-алты күн күтүңүз кызымды көндүрөйүн.

- Кызыңыз врач экен, тем болээ аялдар врачы дейт, баарын түшүнөт чыгар, эми таарынчу кезден өтсө керек, турмуш дагы бар экен, - деди келини Зарина.

- Ооба десең, жакшылап айт, өмүр бою сенин маңдайыңда боло албайт, - Алымкан жактырбагандай сүйлөдү, - Ошо кызың үчүн ансыз дагы бүт жаштыгыңды кечипсиң, ал дагы сени түшүнөр кезге келиптир.

- Биз бул маселеде сүйлөшүп көргөн эмес элек.

- Сүйлөшпөсөң сүйлөш, бала деген энени түшүнүп баалар кезге келгенде өзү эле айттырбай түшүнөт, - Алымкан чоюлуп көзүн сүзө карады, ал алтымыш бештерде, беш-алты баласы бар, баары үйлөнүп жайланган, күйөөсү да бар, колун муздак сууга тийгизбеген аял, - Менин бир коңшум бар эле, элүү сегизинде беш баласы өздөрү макул болуп жакында күйөөгө тийди, ал тургай кыздары бир сыйрасын кийгизип, алтын сөйкө, шакек алып берим, балдары тишин салдырып туруп кыз узаткандай кетирди ботом.

- Эми ар ким ар кандай да, менин кызым андайды билбейт, оюна да албаса керек, кокус укса менден көңүлү калып качып кетеби? - деп корком.

- Коркпо, азыр кайда? - деди Дүйшөбай, Толкун тамагын караганы оозгу бөлмөгө чыгып кайра кирди, - Мен өзүм айтайын кызыма, тарбиялуу билими жогору кыз сени түшүнбөгөндө ким түшүнөт? - дегенде Гүласыл сырттан кирип келе жатып токтоп калды.

- Билбейм, менин жалгыз карманаарым, караан бутагым ошол кыз да.

- Билем, Толкун сен эми жакшылап сүйлөш, келип калса мен өзүм эле сүйлөшөйүн, эми биз деле жаш эмеспиз да, - деп Дүйшөбай айтканда Гүласыл кирип келди:

- Мен мындамын, эмне демекчисиз? - Аны тигилер карап тилден калгандай туруп калышты, Гүласыл чачын артына түйүп жеңи кыска кофта менен тизеден саал ылдыйраак юбка кийип өзүнө жарашып турган, мойну койкоюп жүзү аппак, кара каш, кырдач мурун, оозу оймоктой кадимки сүрөткө тарткандай элик шыйрак сулуу келин эле, - Сиздерди угуп жатам, - деп Толкундун жанына отурду, Толкун болсо жер карап унчукпай отура берди.

- Кызым, сен бизди да, апаңды да түшүн, жашоо деген ушундай экен, жалгыздык адамды түгөй издегенге мажбур кылат экен, мен сенден апаң экөөбүз турмуш курганга улуксаат сурайм, - деп туруп келди, Гүласыл бул келбеттүү, салабаттуу сүйлөгөн адамды көпкө ойлуу карап анан апасын карады эле ал баш көтөрбөдү.

- Апа, сиз эмне дейсиз? - деди акырын Гүласыл, - Чынында бул менин эмес сиздин жашооңуз эмеспи, сиз кандай дейсиз?

- Билбейм кызым...

- Эгерде ишене албай күмөн санасаңыз бул кишилерди убара кылбай жооп бериңиз, мен сизге эчтеке дей албайм.

- Азамат кызым, эстүү кишинин айтаары ушул, - Дүйшөбай кубанып кетти, - Бактың ачылсын кызым, мен Толкунду колума куштай кондуруп сыйлап алам, - деп эңкейип Толкунга колун сунду, - Кана Толкун, кызым жоопту жакшы берди.

- Гүлү... - Толкун кызын карады, ал жылмая башын ийкегенде тура калып аны кучактап ыйлап солкулдап турду, - Каралдым, жалгызым менин, - Эне баланын ички туюмун түшүнүшүп беркилер кошо ыйлап жатышканын сезген жок, Дүйшөбай жашап, далайды көргөн эркек эмеспи, ал экөөнү кошо кучактай Гүласылды далыдан таптады:

- Өмүрүң узун болсун кызым, мына ушул туштан баштап сен менин үчүнчү кызым болосуң, мен сенин жашооңо көз кырымды эмес барына жоопкермин, - деди.

- Рахмат айланайын, кантсе дагы билимдүүлүк кылдың, апаңдан кам санаба, эми биздин бүлөө болуп түбөлүк сенин камыңды көрүп, акемдин өмүрлүк жары болсун, - деп Алымкан келип Гүласылды эки бетинен өптү, ал үн катпады, жөн гана апасынын калган өмүрүн бактылуу күндөр менен өткөрүшүн тиледи, өксүгү арылып кемчилиги толсун деди, бошко кеткен өмүрүн кайтарып бере албасын билет, болгону колунан келген балалык парзын аткарды. Ошондон беш-алты күн өткөндө Дүйшөбай анын үйүнө туугандары менен келип, Субан менен Уланбек, сиңдиси Жукунду, Кантемирди Жүрсүн менен чогуу чакырып бир кой союп коңшу-колоңун чакырып, Толкунду бир сыйра кийинтип, Гүласылга дагы кийит-кече, баарына адеми кийит кийгизип Гүласылдын колуна отуң миң сом берип тойчук берип кечке маал алып кетишти. Буларды сыртынан байкап Жамалдан уккан Жапар Гүласылды аңдып калды, бирок ал апасы менен бирге тагалары аялдары менен Дүйшөбайдын айтуусу менен алардыкына кеткен эле. Ал күнү ал жерде конок болушту, Гүласыл ал жерге конок болуу үчүн эмес апасынын кандай жерге барганын көрүү үчүн келген. Анын турмуш жайы дурус эле, заңгыраган үй, короосу кенен, алма багы чоң, сарайларында уй, жылкы менен майда малдар турат: "Апам өзү бактылуу болсо болду, ансыз дагы мен деп өмүрүнүн көбүн өткөрдү, менин ага каршы болууга акым жок, ар бир адамдын өз пешенесине жазганы бар", - деп ойлонуп турду. Дүйшөбай аларды абдан коноктоду, кетээринде дагы кийит кийгизип акча койду. Ошентип Гүласыл апасын узатып алып өзү жаман болду, ээн талаа эрме чөлдө жападан жалгыз калган жаралуу кийиктей тагалары кеткенден кийин көмкөрөсүнөн түшүп буркурап жиберди: "Ата-а, эгерде сен тирүү болсоң апам кайда бармак эле, мен үчүн сен бүгүн гана өлдүң атаке, апамдын койнунда алчактап өсүп сенин бар жогуңду дагы билбептирмин, кандай өкүнүчтүү атаке", - деп буркурап ыйлап жатты. Ошол учурда Сонун келип калды:

- Ой кыз эмне болду сага, чоң эле неме эмеспи, - деп кучактап сооротуп жатып өзү дагы ыйлап ийди, - Кой эми, ыйлай бербе. Эжем бактылуу эле болсун, сен эми жаш эмессиң, күйөөң келсе сен дагы кетесиң.

- Жок жеңе мен кетпейм, атамдын очогунан от өчүрбөйм.

- Ошол кантип болсун, кыз бала качан атасынын жерин ээлөөчү эле?

- Мен үйдү кароосуз калтырбайм.

- Кой, мен сени үйгө чакырып келбедим беле, унутуп отура берген турбайынбы, Улан күтүп жаткандыр, жүрү үйгө.

- Жалгыз болгум келет жеңе, барбай эле коеюнчу.

- Жо-ок, жалгыз калсаң ыйлай бересиң, алаксып кел.

- Макул, - Гүласыл туруп аны менен жөнөмөк болуп жатканда Кантемир келип калды:

- Кызым, сен ыйлагансыңбы? - деди эле аны кучактап алып кайра буркурап ыйлап жиберди, - Кой садагасы ыйлаба, жеңем эми ошол жерден бак тапсын десең минтип ыйлабай жүр, ыйлаган жакшылыктын жышааны эмес.

- Аке, атам мен үчүн бүгүн өлгөндөй болду, апам анын ордун жоктотпой эркелетип өстүрдү, эми ал жок, атам өлбөсө апам күйөөгө тиймек эмес.

- Кой Гүлү, эми сен дагы үй-бүлөлүүсүң, Артык келсе жашооңду улантасың, убакыт билинбей эле өзү дарылап коет, баары жакшы болот кызым, менин келгеним атаңа куран окуталы деп келгенмин.

- Макул аке, куран окутса окуталы.

- Ошент кызым, өзүңдү колго алып ишиңди иштей бер, сен билимдүү түшүнгөн адамсың, канчалаган балдарга киндик эне болуп жатасың, эл сени сыйлайт, ошого татыктуу кызсың садага, - деп Кантемир Гүласылды сооротуп, жайкап кетти, эки күндөн киийн Бектемирдин арбагына куран окутушту, айыл коңшулары дагы Гүласылга көптөгөн акыл-кеңештеррин айтышты, ыраазы болуп кетишти. Эл менен келип-кетип жаткан узун кулак ушакчы Айшакан ал жерден чыгып бара жатып эле жанындагы Назгүлдү нукуду.

- Ай Толкун эже эми эмне кылат күйөөгө тийип ыя?

- Тийсе тиет да, сен экөөбүзгө эмне.

- Кызык экенсиң, карыганда кызынан жол талашып эрге тийбей эле койсо болмок, ансыз дагы Гүласылды күйөөсү алып келип таштап кетиптир го?

- Койсоңчу, таштап кетпей эле жаш төрөгөндө алып келиптир, кийин күйөөсү авариядан баспай калып дарыланып жүрүп зорго айыгып анан келип алып кетейин десе болбой жатыптыр Гүласыл өзү.

- Бир "носу" бар да, - деп Айшакан ага карай мурдун чүйрүдү, - Тигинтип кызы тынбай жатса өзү эрге тийип кеткени кызык да.

- Ушундай эле бирөөнү аңдып турасың да, сен элден кыйынсыңбы ыя, тиги эриңди карап алсаң боло, көрүнгөндөн тыйын сурап арак ичип жүрөт, аны ким айтат? - деп Назгүл аны жактырбай баса берди.

- Ай сенден сураган жокпу деги?

- Сурабай койчу беле, алдынан эле чыккан кишиден өлгөнү жатам, - деп акча сурайт ай, чоң эле кишиден өзүң уяласың.

- Өлүп кетпейби, арак ичпей атасынын канын ичсин.

- Өзүң керээлден кечке элди аңдып кайсы үйдө эмне болуп жатат, - деп жүрө берсең, ысык-жылык тамак ичпесе, кийими жуулбаса ичет да.

- Ай Назгүл, менин күйөөмдүн кирин сен жууп берип жатасыңбы ыя? - деп Айшакан аны менен урушмак болуп карысынан жулка өзүнө каратты, - Айтчы, сен ал үчүн эмнеге кыйналасың ыя, ичсе ичет да.

- Мага десе бок-жини аралашып калбайбы, сенин аялдай карабаганыңдан ошентти байкуш, элдин баары аны эмес сени кеп кылып жатышат, кааласаң ойношуң менен кетип калсаң, жанагы кайненең болбогондо көрөт элем балдарыңды карап бирөөнү ушактамак турсун атыңды таппай калмаксың, - деп Назгүл жинин ого бетер келтирди.

- Сен менин кайсы ойношумду көрдүң эле?

- Азыр жиниме тийсең кайненең менен күйөөңдүн көзүнчө айтып далилдеп акмагыңды чыгарам, Акмат менен кыңшылашып күйөөңдү атайын мас кылып коюп бактын ичинде жаткан менби же сенби ыя?

- Эмне-е, ким айтты? - деп Айшакан делдээ түштү.

- Элдин көзү көрөгөч, бул айылда бир эле Айшакан ушакчы эмес толтура эл бар, баары кимдин ким экенин көрүп, байкап турат, - Назгүл аны көкүрөккө нукуду, - каалайсыңбы дагы бирин айтып берейин.

- Назгүл, болду эми эл угат.

- Сен элдин болоор болбосун айтасың го, Толкун эженин эри жок жүрүп бир эркекти эшигине жолотконун көргөн жокмун, болбосо ал али элүүгө чыккан жери жок, экөөбүздөн көп болсо он баш улуу, андан көрө элди коюп өзүңдүн кемчилигиңди оңдо, башкага сынтакканды эмне кыласың? - деди да Назгүл өз жолуна түштү, Айшакан турган жеринде аны узата карап туруп:

- Өзүңдү эркек карабаса ичиң күйгөн го? - деп коюп жөнөдү, ошентип Толкундун турмушка чыгышы бирөөлөрдү таң калтырса, бирөөлөргө туура эмес көрүндү, ал эми ушакчыларга кудай бетин салбасын мындай сөз табылбай эле калды. Гүласыл жумушуна барып келип убакыт өтө берди, ага күндө кечинде Уланбек жакын болгондуктан кыздарын жиберип турат, Кантемирдин Омору да жанында, алар менен жалгыздыкты да сезбейт. Бир күнү кеч иштен келсе артынан Жамал кирди:

- Кандайсың ай Гүласыл, ишиңден колуң бошоп же жолуга албайбыз.

- Иш да Жамал, кел отур, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, мен дагы эки-үч күндө кетем го?

- Сапар карыдыбы? - Гүласыл жылмая карады.

- Ооба, алыс жактасың, эки-үч ай жүрүп кет, - деп атамдар болбой алып калган, эми кетейин деп жатам.

- Үй-бүлөөңө барышың керек.

- Гүласыл, бир нерсе сурайынбы?

- Сура, - деди Гүласыл анын эмнени айтаарынан кабарсыз эле.

- Сен Жапар дегенди тааныйт белең?

- Аны эмнеге сурадың? - Жооп берүүнүн ордуна кайра суроо узатты.

- Ал менин бир тууган кайним болот.

- Эмне-е? - Гүласыл аны көзүн алайта карап калды.

- Ооба, ал мага баарын айткан, ал тургай эгиз балдарыңар жөнүндө дагы айткан...

- Жамал токто! - Гүласыл эки колун көтөрө кыйкырып жиберди.

- Гүласыл, мага капа болбочу.

- Жок-жок, капа болбойм, мага Жапардын атын угузба.

- Уксаң мени, ал бир балаңды таап келиптир, сен аны...

- Болду, Жамал суранам сенден.

- Сен аларды өлгөн деп коюпсуң го?

- Ошондой болгон.

- Анда ал баланы уурдап алып келип катып жатыптыр!

- Качан, каякка?

- Билбейм, мага ошентип айтты, Оштон алып келиптир, атасы ичкич экен дейт, баланы карай турган акыбалы жок имиш.

- Ошондой бекен Жамал, ал бала кайда экен?

- Жапар билет, кайнатамдарга дагы айтыптыр, эми бирин табам жеп жатат, - деп Жамал укканын айтып отурганда машина токтоп Артык киржи, Гүласыл ыйлап отурган.

- Гүлү, кандай акыбал, эмнеге ыйлап жатасың? - Кучактай калды.

- Өзүңө эмне болду? - деди Гүласыл, Артык Жамалды карай баш ийкей учурашкан болду.

- Кой мен кетейин, - Жамал туруп сыртты көздөй жөнөдү. Гүласыл аны узатып чыкты, - Эртең жолугабыз.

- Макул, - деди Гүласыл.

- Баса, сен кетип калбайсыңбы?

- Жо-ок, мен азыр кетпейм.

- Күйөөң алып кетип калсачы? - деп шыбырай күлүп жөнөдү Жамал, Гүласыл үйгө кирип Артыкка карады.

- Атамдын иши кандай?

- Иш чатак, баланы жоготуптур, алардын издей турган абалы да жок экен, кийинки кездерде аялы дагы иче баштаптыр, балдарынын абалы оор дейт.

- Кайда, ким алып кетиши мүмкүн? - деди Гүласыл ойлуу.

- Ким билет, апам жок беле?

- Ооба, бир жакка кеткен.

- Аа-а, - деп коюп Артык алып келгендерин балдарга берди, - Гүлү, эми биз кетели, менин иштерим көп, түндөп кетүүбүз керек.

- Артык, мен бара албайм.

- Эмнеге? - Артык чоочуй карады.

- Ошондой, арадан алты жыл өттү, эми биз жашай албайбыз, өткөндө да айттым эле, биз эми өз жолубуз менен кеткенибиз жакшы го?

- Жо-ок, андай болбойт Гүлү, мен сенсиз бул жерден кетпейм.

- А менин сени менен жашагым жок.

- Эмнеге алтыным, менин себебимби?

- Ал деле эмес, мен башканы сүйөм, - Гүласыл ушинтсем көңүлү сууп кетип калат деп ойлоду, оюнда Жапар катып отурган баласын бооруна кысып, ал үчүн анын айтканына көнүп жашоого макул болмок болуп турган.

- Эмне, чын айтып жатасыңбы? - Артык чекесин тырыштыра карап калды.

- Ооба Артык, ортодон өткөн убакыт мени өзгөрттү, мен мурда деле сени сүйгөн эмесмин, жөн гана сыйлачумун, өзүбүздү-өзүбүз алдаганда эмне, ата-энеңдерди да калп менен алдагандан жүзүм карайып бет келе албай калдым, аларды көргөн сайын өзүмдү күнөөлүү сезип ичкен ашым тамагымдан өтпөй кыйналам, сен мени түшүн Артык, минтип жашоого болбосун билесиң, мени кечир Артык.

- Кызык, мен мындай болот деп түк ойлобоптурмун, - Артык бир колу менен оозун басып айласы кеткендей аркы-терки басты, - Демек өз чечимиңди туура деп ойлойсуңбу? - деди анан.

- Ооба, эми мен жаш эмесмин, баары бир ушундай болушу керек болчу, эми ордуна келет деп ойлойм, мага сүйүүңдү арнаганың, мен деп ата-энеңди алдаганың, мен үчүн баарына даяр экениңди сезип ыраазылык билдирем, бактылуу бол Артык, - Гүласыл терс бурулуп кетти, ал көптөн бери эле Жапарды өзү сүйөөрүн билген, андан өч алгысы келип моюн бербей, анын өзүнүн алдындагы күнөөсү үчүн чөгөлөп кечирим сурасын, тизээлеп ыйлаганча кечирим күтсүн, - деп ойлогон эле. Бирок ал эчен жолу кечирим сураганы менен ыйлаган жок, чөгөөлөбөдү, ошого ого бетер жини келген, эми баласы үчүн ага өзү бармак болду, анткени эчен түндөрдү уйкусуз таң аттырып көз жашын төккөн боор этинин бир бөлүгүн кучагына кысканы турат.

- Макул, - Артык келип Гүласылды кучактап калды, - Сенин бактылуу эле болушуңду каалайм Гүлү, сен мени сүйбөсөң мен сени сүйөм, ак сүйүүм үчүн сага жакшылык каалап жолуңду тоспоюн, биз дос болуп калабыз.

- Ооба, биз дос болуп калабыз.

- Эгерде балабыз болгондо эки айрылыш жолго түшмөк эмеспиз.

- Эстетпе Артык, өткөндү ойлогум келбейт, - Экөө үйдүн тең ортосунда кучакташып турганда Уланбектин уул-кызы, Омор болуп ички бөлмөгө кирип кетишкен, Омор бир кезде сыртка чыгып атасына жөнөдү, аны тигилер байкашкан жок.

- Бактылуу бол ардагым.

- Өзүң дагы, чексиз махабатка жолугуп бактылуу болушуңа күмөнүм жок.

- Кош анда, - Артык аны бошото босогону көздөй басты.

- Кош...

- Унутуп калба, - деп колун көтөрө кызыктай болуп колун көтөрө жылмайып бара жатып артына бурулуп эми чыкмак болгондо эшик ачылып Кантемир менен Омор көрүндү, - аа-а Ассалоом Алейкум, - Артык шашыла салам айтты.

- Кел, кел күйөө бала.

- Келдим, эми кетип жатам.

- Кандайча, отурбайсыңбы мынча келген соң.

- Жок, мен шашылыш элем.

- Ошол кантип болсун Артык балам, сен биздин бүлөөнүн бир бөлүгүсүң да, тамак ичип сый көрбөй кеткениң болбойт, жүрү Гүлү экөөңөр тең үйгө баргыла, - Кантемир Омордон укса дагы сыр билгизбей үйүнө чакырды.

- Аке, Артыкты кармабаңыз, шашылыш иши бар экен, - деди Гүласыл ары карап турган бойдон, - Кеч болуп кетпесин, жол узак.

- Ооба аке, мен барайын.

- Силерге эмне болду, айтышып калдыңарбы?

- Жок-жок аке, мен кетейин, дагы бир келгенде бараармын, - деп Артык шашыла чыгып кетти, Кантемир Гүласылга кайрылды.

- Гүлү, туура кылбадың кызым.

- Биз түшүнүштүк аке.

- Мунуң болбойт, өзүңдүн тагдырыңды тобокелге салганың болбоду кызым.

- Кечир аке, ушул туура деп чечтик.

- Балаңар табылса эмне кыласыңар?

- Анда дагы көрөөрмүн, - Гүласыл кызарып кетти: "Аны башкадан төрөгөнүмдү билсе эмне дешет, деги кандай жоопсуз суроолорго туш болдум", - деп жер карап калды:

- Болуптур, чогуу үйгө жүргүлө, тамактанып алып келесиңер.

- Мен барбайм аке, балдар барып келсин.

- Болбойт, өзүм билемдиктин чеги бар, мен сенин атаң катарымын, атаң көп болсо менден жыйырма мүнөт мурун төрөлгөн, баскыла үйгө, - дегенде Гүласыл моюн толгой албады: "Туура айтат, бирөөнө баш ийишим керек да, эми мен бала белем, кимге таарынам, атамдын бир тууганы болбосо мени ким тоготот эле", - деп аста баш ийкей Алина менен Узакты ээрчитип, Омор болуп жөнөштү. Эртеси жумушуна эрте келсе түндө бирөө толготуп келиптир, бири жаңы эле келген экен, аларды көрүп төрөткө даярдап өзү кабыл алды. Түшкө чейин үч аял төрөдү, туугандары келип ыраазычылык билдирип белектерди пакети менен берип колуна акча карматып жатышты, албайм дегенине көнбөй чөнтөгүнө салып коюшат, Гүласыл такыр эле аларга катуу айткандан тартынып айласы жок тим коет, ошентип Артык келип кеткенден он чакты күн өткөндө Жапар пайда болду, ал Асандын өзүнө куюп койгондой окшош экенин көргөндө Жумабек менен сүйлөшмөк болду. Анткени ага Ошто жашаган бир досу телефон чалып: "Бир бала көрдүм, сага союп каптагандай окшош", - дегенде Жапар: "Сүрөтүн берип ийчи көрөйүн", - деген болчу. Керим бир жумадан кийин жумушу боюнча келип Жапарга айтып отурду:

- Абдан таңгалдым, эгерде кеткен аялың болсо сөзсүз сенин балаң демекмин.

- Кана, сүрөтүн ала кел дебедим беле.

- Мына, - Ал төш чөнтөгүнөн алып чыкты, - Өзүң дагы таңгаласың.

- Кана, - Жапар сүрөттү анын колунан жулуп алды, - Кыз-зык, бул алардын өздөрүнүн баласы бекен?

- Анан кимдики болмок эле, өздөрүнүн эле баласы, түгөйү кыз экен, такыр башкача.

- Аны кайдан билдиң?

- Сураштырдым.

- Кызык, мага дарегин берчи, атайын өзүм көрүп келейин.

- Берем, кишиге киши окшош болооруна эми ишендим, кинолордон көргөндө таптакыр ишенчү эмесмин.

- Бул жерде бир нерсе бар, - деп Жапар ойлонуп калды, Керимдин оюна эчтеке келген жок, болгону адамдар адамга окшош болооруна өзү күбө болгонуна таңданып отурду. Убакыт өтүп Жапар курулуш боюнча Ошко бармак болуп жөнөп калды, прорабы менен сүйлөшүп барган күндүн эртеси эле Жумабектин үйүн издеп тапты, көп өтпөй эле алты, жети жашар баланын балдарга кошулуп ойноп жатканын көрүп акырын басып барды:

- Салам балдар.

- Салам, - деди бир чоңураагы.

- Эй дос, бери келчи, - Жапар Асанды өзүнө чакырды, - Кимдин баласысың?- Жумабектин, а сиз кимсиз?

- Мен Жапар байкеңмин.

- Ата-энеңдер кайда? - деди эле Асандын ордуна бири жооп бере салды.

- Анын аталары ичип жүрөт.

- Болду эй, - Асан ага октос бере токтоду, - Сени өлтүрөм.

- Жалганбы, экөө тең ичет ко?

- Кой балдар, досуңарды антип уят кылбагыла.

- Өзү да, ата-энеси дайыма ичишет.

- Сенин эмнең кетип жатат, ичсе өзүнүн акчасына ичет.

- Алкаш да, - деп жанагы бала ары басып кетти.

- Атаңар качан келет?

- Билбейм.

- Үйүңдө кимдер бар?

- Эжемдер анан түгөйүм бар.

- Эмне кылып жатат?

- Иш кылат да.

- Канчадасың? - дегиче Зарылбү менен Жумабек ээрчише теңселип келе жатканда Асан:

- Менин апам жолго ойнобо деген, көрсө урушат, - деп Асан жүгүрүп кетти, аны көргөн Зарылбү.

- Шүмшүк, сени жолго чыкпа дебедим беле? - деп жонго дүңк эттире муштап жиберди, ал унчукпай кирип кетти.

- Ушул балаңды деги эле көргүм келбейт, - деди Жумабек ыргала.

- Өз балаңдан жээригендей эмне жинди болдуң беле?

- Көзү башка балаңдын, дегеле бирибизге окшобойт.

- Дөөрүбөчү, акча барбы башым ооруп жатат.

- Менде калбай калды.

- Карызга барып келейин, сен үйгө кире бер, - деп дүкөндү көздөй басты, Жапар анын алдынан чыкты:

- Саламатсызбы эже?

- Саламат, сен кимсиң? - Зарылбү аны бүшүркөй карады.

- Мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Кандай иш менен?

- Сизге акча керекпи?

- Акча кимге керек эмес, кандай себеп менен айтып жатасың? - Зарылбү аны бөйрөк таяна карады.

- Сизге акча керек, мага чындык керек.

- Кандай чындык, аны сен башкадан изде иничек, - деп басып кетмек болду эле Жапар.

- Эки жүз миң сомго чындыкты сатасызбы? - деди.

- Эмне, кайсы чындыкты айтасың? - Аны карап ойлонуп калды, - Жолуң менен бол иним, менде эч кандай чындык жок.

- Эже өкүнүп каласыз, эки жүз миң жаман акча эмес, сизде чоң чындык бар.

- Эмне демексиң?

- Акчаны алыңыз да баланы мага бериңиз, - деди Жапар түз эле.

- Эмне, кайсы баланы айтасың? - Түрүн буза чекесин тырыштырып көзүн жүлжүйттү, - Башымды оорутпа, акчаң өзүңө буйрусун, - деп дүкөнгө кирип бара жатканда:

- Ойлонуңуз, эртең дагы келем, - деп кетип калды, Зарылбү дүкөнгө кирип арак, нан сурады эле ал бербей койду, жини келип үйүнө келди, башы ооруп турса асел ага тултуңдады:

-Атамдын ичкени жетет эле го, сиз дагы кошулуп алдыңыз, элден уялып сыртка чыга албай калдык, же үйдө ун жок, кардыбыз ачты апа, качанкыга ар кимден суранып жашайбыз?

- Жок болсо эмне кылайын, соода кылайын десем да болбоду.

- Жок дегенде сиз ичпеңизчи.

- Балдар ачка, эмне кылам?

- Сурап турбайсыңбы, өзүм башым ооруп жатат, - деп жатып алып: "Бирөөнүн баласын бактым, Жумабек ага жакшы имерилбеди. Ушинтип жоктун азабынан кыйналганча акчаны алып берип салсамбы, жоголуп кетти дебей жаным жокпу, Жумабек ага кайгырып да койбойт", - деп Асанды чакырып алды жанына.

- Апа, эмнеге чакырдың? - деди жанына келип.

- Отур балам, кардыңар ачтыбы?

- Ооба.

- Мен сага бирдеме айтайынбы?

- Мейли-и.

- Сен окушуң керек, эртең сени бир иним алып кетет, ал сага жакшы карайт, сен чо-оң болуп киши болгондо бизди карайсың макулбу?

- Эмнеге, Асел эжем чоң го, окууга ошол барсынчы.

- Ал окуп бүтпөдүбү балам, атаңа эжелериңе эчтеке айтпа, быйыл биринчи класска барышың керек, биз сага кийим-кече алып бере албайбыз, окута албай калсак эмне болот, сен мектепке барбай каласың да.

- Мени алып келип турабы анан?

- Көрөбүз, мен эртең сүйлөшөм, садагаң болоюн десе, сен бизди бага турган баласың да, жалгыз уулубузсуң, - деп кучактап өөп башынан сылап ойго батты: "Эмнеге бирөөнүн баласын алдым экен, болгону он миң сом бергенмин, эмнеге алар бага аласыңбы дебей эле бере салды, же аларга акча маанилүү беле, мен го атайын шаарга барып төрөгөнүм жок иш менен барып толготуп калдым, шайтанга азгырылып өзүм да кыз болсо эркек балага алмаштырам деп жүрбөдүм беле, эми муну бакканга жараша жакшылап бага албасам, жылаңач жабык, ачка-ток кылып бакканым кайсы, бир кезде чындыкты билип калса айтат да бул деле, андан көрө өзүнүн атасы болсо берип жиберейин", - деген чечимге келди. Кучагында капарсыз жаткан бала анын эмнени ойлогонун кайдан билсин, уйкуга кирди, Зарылбү өзү жакшы эле аял, жетишпестиктин айынан, күйөөсүнүн күндө ичип ачка-ток калган үй-бүлөөсүн ойлобогонуна жини келип кээде ичип коюп жүрүп эми ачык эле Жумабекти ээрчип алып ичкенге көнүп калган. Андай ичкилик ичкен үй-бүлөө азыр алар эле эмес, ондоп саналат, балдары менен иши жок жетелешип ичип алып кечинде келип жатып алып кээ бирөөлөрдүн балдары үйүнөн качып ар кандай ишке аралашып, уурулук кылып түрмөгө түшкөнү канча. Жумабектердин дагы өзүнө "теңдүү" достору бар, эптеп күн өткөрүшөт. Асел мектепти эптеп бүткөн, анын кийип чыгаар эчтекеси жок, инисинин аялы кээде эскисин алып келип берсе ошону жууп сактап кийип жүрөт. Бурхан деген жигит ага көз салып кээде жолугууга чакырса да чыга албайт, уялып качат, өзү дагы аны жактырчу. Айзат менен Гүлзат быйыл мектепти бүтүшөт, бирок алар окубай калышты, Апал менен Асанды биринчи класска алып бара албайт эле: "Ооба, мен бирөөнүн баласына жалынбай анын арты менен кыздарымды жакшылап күйөөгө узата турган болушум керек, эмчегимди эмгизип баккан баламды аргасыз кыям, кийин башка экенин билсе кайрылбай басып кетиши мүмкүн, ошондуктан мен Асанды өз атасы болсо беремин, башка болсо карматпайм дагы", - деген чечимге келди, быйпыйып уктап жаткан уулун өөп ордунан туруп өз ордуна жаткырды да көпкө тиктеди. Эртеси Жапар дагы маалда келип машинасынан түшпөй карап турду, ошол кезде эки жакты карап Зарылбү дүкөндү көздөй басты. Элеңдеп эки жагын карап келе жаткан Зарылбүнүн артынан Жапар жете келди.

- Жакшысызбы эже.

- Аа-а, бул жерде белең?

- Ушул жердемин, эже кандай чечтиңиз?

- Сен ким болосуң?

- Мен баланын атасы болом.

- Жакшы экен, анда жакын кел.

- Айта бериңиз.

- Мен балага сени иним деп койдум, - Зарылбүнүн үнү каргылданып кетти.

- Эң сонун.

- Акчаны бер.

- Баланы колума тапшырыңыз, анан аласыз.- Жарайт, - Зарылбү кайра үйүнө кирип кетти, көп өтпөй эле Асанды колунан жетелеп бери басты, - Бара гой, сени ушул киши окутуп адам кылат балам, - деп атын билбей такалып калганда:

- Жапар, менин атым Жапар, - деди күлгөн болуп.

- Аа-а ооба-ооба Жапар иним сага баарын үйрөтөт.

- Келе гой балам, унаага отура бер, мен апаң менен сүйлөшүп алайын, - деди да Асанды жетелеп барып унаага отургузду, - Мен апаң менен сүйлөшүп алайын, - деп Зарылбүгө келди, - Сиз акчаны алаардан мурун мага тил кат жазып бериңиз.

- Кандай тил кат? - Зарылбү чоочуп кетти.

- Акча алганым чын, баланы уурдаган жок, өзүм кошуп бердим деп жазасыз.

- Сен мени алдаганы жатасыңбы, акчаңды көрсөт.

- Мына, бул доллар менен эже, сизди алдаар түрүм жок, кандай болуп баланы алдыңыз эле бүт жазыңыз.

- Эмне суракка алышабы?

- Эгерде сиз баламды уурдап кетти деп жалаа кылсаңыз, болбосо эч кандай чыр чыкпайт, - Жапар ага блокнотун сунду, Зарылбү бир аз колдору калтырап барып болгонун болгондой жазды да колун койду, - Сизге рахмат, - Жапар ага көк жашыл долларлардын пачкаларын пакетти ачып көрсөттү, - Сиз баланы өз эркиңиз менен бердиңиз, демек чыр жок.

- Болду иним, мен жалаа кылбайм, - деп пакетти ачып карап турган Асан жүгүрүп келди.

- Апа, мен сени сагынам да, барбай эле коеюнчу?

- Мен өзүм барып турам балам, кам санабай жакшы жүр ээ?

- Чын эле барасыңбы апа?

- Сөзсүз барам садагам, - Эне-бала кучакташып туруп калды, Зарылбү да, Асан да ыйлап турган, Жапардын чый-пыйы чыгып жатты, ошол кезде Жумабек ары жактан келе жаткан эле, аны көрүп Зарылбү ары көздөй Асанды жетелеп жөнөгөндө унаадан түшүп умтулуп барып токтоду.

- Эмне кылып турасыңар бул жерде? - деди Жумабек.

- Эчтеке, мен базарга барайын дегем, Асанды ээрчитип...

- Аны ээрчитип эмне кыласың, акчаң болбосо, - деп үйүнө кирип кетти Жумабек, Зарылбү Асанды колунан ала унаага келип баласы менен отурду.

- Кайда барасыз?

- Мен жолдо калам, айдай бер иним, атыңды ким дедиң эле?

- Жапар.

- Ийи, баса Жапар иним, мен тез-тез барып турам, баламды капа кылбагыла ээ? - деди бир арга таап.

- Эч качан, Асанды жакшы окутабыз, эч ким капа кылбайт.

- Мени үйгө алып келип турасызбы?

- Албетте, алып келип турам.

- Уулум, байкеңдин тилин алып жүр ээ? - деп Зарылбү көзүнүн жашы мөлт этип, кантсе да ымыркайынан энелик мээримин төгүп ак сүтүн эмгизип өзү төрөгөндөй берилип баккандыкыбы коштошо албай жатты.

- Биз кетишибиз керек эже, - деди Жапар.

- Апа-а!

- Уулум, - деп экөө коштошуп Зарылбү түшүп кетти, Асан бырылдап көпкө чейин ыйлап барды, аны Жапар сооротуп жолдон сууга бетин жуудуруп анан жолдогу ашканага токтотуп тамак алып берди. Асан унчукпай ичип отуруп калды, анан бир дүкөнгө киргизип бир сыйра кийим-кече алып берип, анан шаарды көздөй жөнөдү. Аны ата-энесине жеткирип коюп эртеси кайра Ошко жумушуна барып жооп сурап анан кайтты. Асандын көнүшү өтө кыйын болду, Эркинбек менен Оңолбү жалынып-жалбарып эле иче гой, жей кой балам дешип көзүн карап турушат. Бир күнү Жапар жокто үйдүн артына барып ыйлап отуруп алыптыр, Оңолбү барып:

- Жүрө гой уулум, үйгө кирип тамак иче гой, - деди.

- Мен сиздин уулуңуз эмесмин, ичпейм тамак, - деп тизээсине башын коюп алып ыйлап жатты, - Мени жеткирип койсунчу, атамдарды сагындым, окубайм деле.

- Кой кагылайын, ыйлабай үйгө кире гой, Жапар келсе анан сүйлөшөсүң.

- Мени алдады, алып барып турам деген болчу, апам дагы мени алдап келбей койду, мен кетем, кетким келип жатат, - деп өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп жатканда Оңолбүнүн зээни кейип: "Алда-а курган балдар ай, өз балдарын жатыркатып башкага боор бастырып койгонун кара, эмне кылсын бечара өзүнүн баласынан кем кылбай бакса сагынат да, эми кантип сен менин баламсың деп айтат, айтканда бул ишенеби, кайра угуп алып качса эмне болот", - деп ойлонуп жанына келип бооруна кысты.

- Айла-анайын, ыйлаба садага, Жапар байкең келсе айт ээ балам?

- Ооба, атамдарды эжемдерди сагындым эне.

- Сагынбай анан, сагынасың да уулум, жүр эми сыртта отурбай үйгө кир, - деп өйдө кылып үйгө киргизди, Эркинбек:

- Келе гой уулум, мына муну алып дүкөнгө бар да балмуздак алып жечи, - деп акча карматты, - Жакшысынан алып же.

- Жегим келбейт.

- Ийи, эмнеге жегиң келбейт уулум?

- Жөн эле...

- Макул, өзүң каалаганда алып жей гой.

- Жапар байкем качан келет?

- Келип калаар уулум, бизге айтпайт, иши ошондой.

- Жапар байкенин баласы барбы? - деди Асан капысынан.

- Бар уулум бар, - деп Эркинбек Оңолбүнү карап калды.

- Чоңбу, кичинеби?

- Сендей, куду сендей уулум.

- Аа-а, ал дагы окуйбу анан?

- Ооба, окубай анан?

- Ал каякта?

- Апасы менен шаарда, - дей салды Оңолбү: "Ка-ап, карыган чагыбызда чал экөөбүздү калп айттырып күнөөгө батырды", - деп ойлоп алды.

- Биякка келбейби?

- Кийин келет уулум.

- Эмнеге мени уулум дей бересиздер, мен сиздердин уулуңуздар эмесмин го? - дегенде Эркинбек менен Оңолбү бири-бирин дагы карап калды.

- Балдарды чоң кишилер, уулум дешет да балам.

- Өзүнүкү болбосо элеби?

- Ооба, анткени карылар ошентип сүйлөшөт.

- Аа-а, - деп Асан унчукпай калды, Жапардын иниси Акбардын аялы тамак алып келди эле алаксып калганга ичип алды, күүгүмдө Жапар келди:

- Жапар байке, мени атамдарга качан алып барасыз? - деп Асан ал кирээри менен жетип кучактап калды, Жапар эңкейип аны өөп анан жанына алып орун алды, - Апам дагы, сиз дагы алдадыңыз.

- Мен алдабайм балам, кол бошобой жатпайбы.

- Колуңуз качан бошойт?

- Буйруса бошойт.

- Асан, байкең тамак ичип алсын балам, - деди Оңолбү.

- Макул, - деп унчукпай отуруп калды, Жапар ойлуу тамактанып отуруп Асанды көз кыйыгы менен карап коюп жатты: "Бул минте берсе такыр унутпайт го, эгер Гүласыл келсе ал өзүнө имерип алат беле, бала эмеспи", - деген ойдо турду. Ал баягы Жамалга баламды уурдап баса бердим деп айтып келген бойдон иштен бошобой бара элек. бүгүн атайын жумушунан суранып Гүласылга бармак болуп жаткан эле. Эртеси эрте туруп унаасына отурду да Чоң-Кеминди көздөй жөнөдү, Гүласыл ооруканада эмес болчу, көптөн бери райондук төрөтканада иштеп жаткан, аны кудагыйынан угуп кайра районго барып ал жерден таба албай убакыт өтүп кечке оорукананын ооз жагында күтүп өткөндөрдү көзүн албай карай берди, тажаганда бир келинден:

- Чоң кыз кечиресиз, Бектемирова Гүласыл дегенди билесизби? - деди токтотуп.

- Аа-а билем-билем, сиз кимиси болосуз?

- Курсташы, - дей салды Жапар, - Жумушунда иштеп жатабы?

- Ал бүгүн жок, жооп сурап борборго кеткен.

- Эмнеге кеткенин билбейсизби?

- Билбейт экенмин.

- Кечиресиз, - деп супсуну сууй кайра жеңесине келди, ал шаарда эле, Сапарлар өзүнчө үй алып алышкан, эки баласы бой жетип калган, Жамал баса бергенден кийин ал жерге барбады, эки күн күтүп анан үчүнчү күнү дагы барып сураштырса Гүласыл чыга келди.

- Жапар, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Сага келгенмин Гүласыл.

- Эмне иш менен?

- Өтө зарыл, сен абдан керексиң,

- Сенин кылган ишиң жоопко тартууга ылайык Жапар.

- Кандай иш?

- Эмнеге баланы уурдадың?

- Аа-а, - Жапар күлүп алды, - Мен андай иш кылбайм Гүлү, билсең баланы мен атайын сүйлөшүп ачык эле алып келгенмин, - дегенде Гүласыл түшүнбөй калды:

- Эмне дедиң, чын айтасыңбы? - деди мууну калчылдай, - Бала кандай анан? - деп көздөрүнө жаш толо суроолуу тигилди.

- Гүлү, бул экөөбүздүн тең жаңылыштыгыбыз, жүрү, жай отуруп сүйлөшөлүчү.

- Азыр бош эмесмин, жумуштан чыкканда жолугалы.

- Макул, мен күтөм, - деп экөө эки бөлүндү. Гүласыл ошол учурдагы төрөттү акушеркага тапшырып коюп ойлуу отурду: "Кантип жүзүн карайм, эгерде өзүн таштап кеткен энеси экенимди билсе мени карайбы, ат чабым алыс качат го, ай кудайым ай эмнеге ошол убакта жинди болдум экен, окуум калса калсын, - деп балдарымды тандасам болбойт беле, менин бактым ошолордо тура көрсө, Жапар акыры кайрылып келмек экен, балдарды чырактай кылып багып алдынан чыгарсам болбойт беле, экөөнү эки жакка бөлбөй", - деп ойлонуп отурганда акушерка Света келип:

- Гуля эже тигинин бириси төрөй албай жатат, операция жасаш керек го? - дегенде оюнан адашып аны ээрчий басты.

- Кимиси? - деди бара жатып.

- Сагынбаева.

- Жакшы эле төрөй тургандай эмес беле?

- Заматта эле кан басымы көтөрүлүп кетти.

- Эчтеке эмес, азыр барып көрөлү, - деп барса келиндин абалы өтө оор боло баштаган экен, - Операцияга даярдагыла, - деди шашылыш, өзү дагы коркуп кетти. Үч-төрт саат өткөн соң тердеп-тепчип зорго чыкты, балага киндиги оролуп калган экен, балдар өзү дагы тескери келип калыптыр, эгиздер экен, бири кыз, бири уул.

- Эжеке, аялым аман эсенби, операция кандай өттү? - деп төрөгөн келиндин күйөөсү жетип келди кабатырлана.

- Куттуктайм, эгиз балалуу болдуң, - деди Гүласыл шалдая терин аарчып.

- Рахмат эжекебай, кудай сизге ден-соолук берсин, акыбалдары кандай анан?

- Абдан жакшы, келинчегиңиз азыр наркоздон чыга элек күтүңүз.

- Жарайт эже, - деп жигит ага колун кармап акча карматты, жанында анын туугандарынан башка эч ким жок эле.

- Муну мага бергенче эгиздерге кийим-кече алгыла, - деди да басып кетти. Жигит унчукпай кала берди, атайын эки миң сом берген эле. Иш убактысы өткөн кезде Гүласыл жумушунан чыгып Жапарга жолугууга ашыгып жөнөдү, ал сыртка чыгып эле бери жакта Артык, андан ары жакта Жапар туруптур, эмне кылаарын билбей туруп анан артына кирип кетип терезеден экөөнү карап турду, экинчи кабаттын терезесинде телмире карап: "Неге булар мени өз жайыма коюшпады, мен деле тирүү жанмын го, адамдай эле жашап бактылуу болгум келет, экөөнө тагдырым байланып калганы эмнеси, Жапар менен го балдарым үчүн кайрадан сүйлөшүүгө туура келди, Артык мени тынч койсо болот эле го, мен ага сүйбөйм деп айтпадым беле", - деп ойлонуп карап турса Артык Жапарды көрүп калды окшойт басып барды, эмнени сүйлөшүп жатканы ага белгисиз эле.

- Сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде? - деди Жапар Артыкты көрүп эле.

- Өзүң эмне жумуш менен жүрөсүң?

- Ишиң болбосун.

- Жапар, мен сага жакшылыкча айтам, Гүласылды тынч кой.

- Эмне, сен мага буйрук кыласыңбы?

- Ооба, мен анын күйөөсүмүн, ушуну билесиңби же билдирип коеюнбу?

- Эми ал сенин аялың эмес, биз балабызды таап алып келдик, сен ортого кыпчыла бербе, - деди Жапар.

- Бала эми керек болуп калдыбы? - Артык мыскылдагандай күлдү, - Бир кезде баласын уруп ойнобой көз жашын көлдөтүп таштап кеткен сен эмес белең? - Тике маңдайына келип тикирээ ачуулу кыжынды, - Эми анын башын айлантпай өз жолуң менен жүр!

- Мен сенден сурабайм эмне кылышты, сен өз жолуң менен кеткениң жөн.

- Мен анын мыйзамдуу күйөөсүмүн.

- Мен анын эң биринчи сүйүүсүмүн, ал сенин жакшы сөзүңө гана муктаж болгон, сени сүйгөн эмес, корочье кургак сүйүүгө жалынбай ортобуздан кеткениң дурус, кыскасы оюн бүттү дегеним, - Жапар дагы ага мыскылдай карады.

- Көрөбүз, кимибиз жеңерибизди, - деп Артык ары басып эки жакты карап туруп калды.

- Куру үмүт курсак тойгузбайт, убакытты гана алат, - Жапар акырын анын жанына келди, - Экөөбүздү көрсө ал чыкпайт, бекер келгенсиң.

- Балким мага убада бергендир?

- Болушу мүмкүн эмес, бүгүн мени менен жолукмак.

- Мени менен дагы, бул кыз картанын эки бети менен ойноп жүрөбү?

- Сен ага сөз тийгизбе, ал менин кол жеткис бийиктигим! - Жапар Артык менен тирелише калды.

- Ары турчу! - Артык аны көкүрөккө түртүп жиберди.

- Сен кимсиң мага кол көтөргүдөй? - Жапар жини келе катуу түрткөндө Артык жыгылып кете жаздап токтоду. Экөө заматта мушташып калганын көрүп Гүласыл чыдай албай: "Мен буларга чекит коюшум керек, Артыкты кетирем, балам кайда болсо мен ошол жактамын", - деп ылдый көздөй шашыла жүгүрүп келип жетти:

- Эмне болуп жатасыңар, бала эмессиңер го? - деди жетип эле, аларды ошол жерде тургандар ажыратып койгон эле.

- Гүласыл:

- Гүлү!

- Жетишет! - Гүласыл колун өйдө көтөрдү, - Мени жайыма койгула!

- Гүласыл, мен сага атайын жакшы кабар менен келгенмин.

- Гүлү, биз азыр сүйлөшүүбүз керек эле го?

- Артык, - деди Гүласыл ага карап токтоо, - Мен сага түшүндүргөнмүн, мен азыр эч бириңдин кеңешиңерге муктаж эмесмин, мени сыйласаң кайт үйүңө Артык.

- Гүласыл.

- Жок, уккум келбейт.

- Сен ушул немеге кайра алданганы калдыңбы?

- Алданбайм, катамдын акырына чыккым келет.

- Гүлү кеттик, ага убакытты короткондо эмне, - деп Жапар Гүласылдын ийинине колун кое сүйлөдү, - Жүрү.

- Сен тигиндей туруп тур, - деди Гүласыл, анан Артыктын жанына барды, - Сен мени туура түшүн, жашоодо бир жаңылдым, сага ыраазымын, дагы айтайын, кыйын учурда колуңду сунуп менин кайгымды жеңилдеттиң, эми биз эки жолго түшүшүбүз керек, экинчи кайрылып келбе Артык.

- Демек бүттү дечи? - Артык ызасы жүзүнө чыгып ачуулу көзүнө карады, - Сен ошону менен бактылуу болом деп ойлойсуңбу?

- Артык, менин бактым бала менен гана, Жапар мен үчүн жөн гана адам.

- Өзүң үчүн жашагың келбейби?

- Жок Артык, баласыз мен өзүмдү адам, - деп эсептебейм, анан дагы балдарымды бириктирип ошолорумдан өмүрүм өткөнчө кечирим сурап өткүм келет.

- Болуптур Гүласыл, дагы жолугушабыз, тирүү турсак кездешчү жолдор бардыр, - деди да шарт бурулуп жөнөдү. Гүласыл турган жеринде ойлуу туруп калды, анын жанына Жапар басып келди:

- Жүрү эми.

- Азыр...

- Келбес кылдыңбы? - Жапар унаасына отуруп бери бир карап алып кетип жаткан Артыкты мазактагандай керсейе карап калды.

- Ким билет, келсе келет, аны менен дагы, сени менен дагы бүтүрүүм керек.

- Эмне? - Жапар ага ишене бербей карап калды, - Биз жаңы эле таттуулашып келе жатпайбызбы?

- Таттуулашыппы? - Гүласыл аны жек көрө карады, - Сени менен байланышкан бир нерсе болбогондо жаныма жолотмок эмесмин!

- Койчу эми, ачуунун баарын айдайлы, алдыда болчу зарыл нерсеге кайрылалы, жүрү эми машинага отуруп бир жерге барып анан сүйлөшөлү.

- Макул, - Гүласыл анын жанына отурду, алар аздан соң райондогу чакан кафеге кирип орун алышты, Жапар Гүласылдын көңүлүн алыш үчүн жандалбастап тамак-ашты мол буйруп кайсаңдай орунга отурду, - Кана сүйлө, баланы кандайча көрүп билдиң?

- Таптым да, - Жапар ойлуу карады, - Мен сенин айтканыңа ишенип калганмын, бирок сени сүйөөрүмдү сезип тынчым кетип сага келсем сен ай асмандан кетип такыр жолотподуң, анан эмне кылаарымды билбей жүргөндө бир досум жумушума Оштон чалып калды, окшоштук дедим, баланын жашын сурасам алты-жети жашта дейт, кызыга баштадым, акыры ушундай бир кубандым дейсиң.

- Анан баккан ата-энеси кантип бере салды, ишенбей турам.

- Эми-и алар ичкилик ичип өздөрүнүн башка балдарын бага албай турган абалда экен да, аргасыз өзү берди Гүлү, бирок...

- Эмне бирок, баланын ден-соолугу жайында элеби? - Гүласыл коркуп кетти: "Алар дагы оорукчан төрөлгөнбү, эмнеге ушундай", - деп ойлонуп да жиберди.

- Бирок ал...

- Айтпайсыңбы, ал эмне экен?

- Бирок аны балам, - деп айтып кучагыма кыса албаганыма кыжаалатмын.

- Ой кудай ай, ден-соолугу жакшы эле бекен?

- Нормально, такылдап бизди сөздөн адаштырат жөн эле.

- Өө-өх! - деп жиберди Гүласыл.

- Атамдарды сагындым, качан үйүмө алып барасың, - деп эле жанды койбой жатат, жакындап бир көндүрөйүн десем эле үйүн, ата-энеси менен эжесин, шеригин сурап тажатып жатат, буга сен гана жардам бере аласың Гүлү.

- Кантип, бирок мен баламды көрүп кучактагым келип турат.

- Мына, ошону айтып жатам да.

- Жумушумдан кантем?

- Жумуш качпайт, сен экөөбүз баланы өзүбүзгө көндүрүшүбүз керек эң башкысы.

- Макул дечи, балам үчүн баарына даярмын Жапар.

- Анда отпуска ал, анан экөөбүз кеттик.

- Жарайт, анда сүйлөштүк, - Гүласыл баласын көрүүгө абдан ашыгып алдына келген тамакка да анча көңүлү чаппады, - Анда мен барайын Жапар.

- Гүлү тамактан ичсең боло?

- Жүрөгүмө баспай турат.

- Мен жеткирип коем.

- Кереги жок.

- Минте бергениң болбойт Гүлү, биздин максатыбыз, ой санаабыз дагы бирге, демек эми биз эмне маселе болсо дагы экөөлөп чечүүгө акылуубуз.

- Туура, - Гүласыл ойлуу унчукпай калды, тамактанып бүткөндөн кийин экөө ээрчише кафеден чыгып унаага отурушту, Жапар аны жашаган үйүнүн жанына жеткенде Гүласыл, - Келдим, мен түшүп калайын, - деди.

- Качан даяр болосуң жаным?

- Эртең арыз жазам.

- Анда мен бүрсүгүнү келем.

- Жарайт.

- Даяр тур ээ?

- Мм, - деп коюп кирип кетти Гүласыл, толкунданып алган: "Менин жүрөгүмдүн каалаганы ушул гана, сүйгөнүм мени миң жолу алдаса да балдарымдын жанында болгонум жакшы эмеспи, эми буйруса түгөйүн таап алсак кандай гана бакыт, эми апама жакшылап түшүндүрө аламбы, ал мени түшүнөөр бекен, көптөн бери каттабай койдум, сары санаа болуп жатат го, таарынып жаткандыр, алтын апакем деги бактылуу болдуң бекен, же жаңылып калып өкүнүп жүрөсүңбү, жүрөгүң оорубаса экен апаке", - деп ойлонуп эмелеги толкунданып алган жүрөгү суз болуп апасын ойлогондо өзүн жаман сезип кетти. Ал таежелеринин үйүндө убактылуу жашап жаткан. Кирип эле өз бөлмөсүнө өтүп кетти, таежесинин аял кетирген баласы көптөн бери Гүласылга көзүн салып апасына айткандан тартынып жүргөн эле. Эртеси ал дароо эле башкы врачка жумушунан бошонуу үчүн арызын жазып кирди, ал арызды окуп көрүп:

- Бул эмне Бектемирова, бизде сендей дарыгерлер аз болуп жатат, неге жумушуңдан кеткиң келет? - деди.

- Өзүмдүн жеке турмушума байланыштуу агай.

- Жок, азыр бошото албайм!

- Эмнеге агай, сөзсүз кетишим керек.

- Сен андан көрө отпускага барып ишиңди бүтүрүп кел.

- Агай, мен биротоло кетким келет.

- Болбойт, отпуск беребиз, сөз бүттү, бүгүндөн баштап бошсуң, эртең келип айлыгыңды алып ал да эс ал, - деп башкы дарыгер кагазга үңүлдү, Гүласыл аргасы кетип сыртка чыкты, ал апасына бармак болуп такси кармап дароо эле Дүйшөбайдын айылына жөнөдү, арадан үч ай өтүп кеткен эле, сагынычы ашып-ташып бара жатты: "Эмнеге ушуга чейин бир барбадым экен, иштен чарчап келип жатып алып такыр эле унутканмынбы, кызык мурда эч оюмдан чыкчу эмес эле го, эми анын жанында бирөө бар деп көңүлүм тынч болуп калгангабы же апама таарынгангабы, түшүнсөм буйрубасын, апамдын абалы кантип жатты экен", - деп ойлонуп бара жатып таксиде көзү илинип кеттит: "Мен силерди жакшы көрөм балдарым", - деп колун созуп жатып ыйлап жатыптыр, маңдайында бири-бирине коендой окшош зыңкыйган жигиттер өзүн мыскылшдай күлүп: "Эми керек болуп калдыкпы, кантип энеңмин деп айтканга оозуң барды, бир кезде эмчек сүтүң менен оозантпай таштап качканда ойлодуң беле, ушундай беттешээр күндүн бар экенин, бизди унут, биз сени тааныбайбыз", - деп терс урулуп кеткенде:

- Уулу-ум, Асан - Үсө-өн! - деп бакырып ойгонуп кетти.

- Сизге эмне болду? - Таксист артына бурула сурады.

- Эчтеке, айдай бериңиз.

- Жеттик окшойт.

- Ыя, жетип калдыкпы? - Гүласыл чоочуй сырт жакты карап жакшы тааный албады, - Негизи бир эле жолу келгенмин бул айылга.

- Бир келген болсоңуз анда мына бул үй Дүйшөбай байкеники.

- Аа-а кечиресиз, - Гүласыл чоочуп, кай таксиден түшкөндө унаанын үнүнөн улам сыртка чыга калган Толкун кызын көрүп далбастай жүгүрдү.

- Гүлү, сен келдиңби кызым?

- Ооба апаке, мен келдим, - Эне-бала кучакташып ыйлап жатканда Дүйшөбай чыга калды.

- Оо бизге конок келген го, кел-келе гой кызым.

- Саламатсызбы...

- Жакшы-жакшы кызым, кире гой үйгө, жай сүйлөшөлү, - деп Дүйшөбай алар үйгө киргенде ээн-эркин сүйлөшүп алсын дегендей ары басты, жөн баскан жок коңшунун үйүнө барып кой сойгонго жардам бер, - деп чакырып келди да сыртта эле өзүнчө күйпөлөктөп жүрдү.

- Кызым, садагам-каргадайым, такыр келбей койдуң го?

- Жумуштан кол бошобойт апа.

- Мейли, дениң таза, аман-эсен эле жүрсөң болду.

- Апаке, өзүң кандайсың, жашоо кандай, өкүнүч-таарыныч жокпу?

- Баары жакшы кызым, экөөбүз элебиз, ашыкча жумуш деле жок.

- Байке жакшы элеби?

- Шүгүр кызым, - Толкун кызынан тартына ылдый карады.

- Бактылуусуңбу апа? - Эркелей алдына башын коюп адатынча жатып алып суроо узатты, - Жүзүң жаман эме-ес, - Кыткылыктап күлдү.

- Болду, дагы эле баягы тентектигиң кала элек, ушу сени отузга келди деп ким ойлойт ыя? - Эңкейип чекесинен өптү.

- Аябай сагындым апаке, өзүңө эркелегим келет, койнуңа жатып алып жытыңдан моокум канганча жыттап-жыттап алгым келет.

- Каралдым десе, - Толкун ойлуу жүзүнө тигилди, - Артыкты эмнеге кетирип жибердиң кызым, балаңарды изилдеп жатыптырбы?

- Апа, - Гүласыл анын алдынан туруп отурду, - Мен сени менен ошол тууралуу кеңешкени келгенмин.

- Ушул акылың жети жыл мурда киргенде эмне?

- Ооба, ал үчүн өкүнгөнүм качан.

- Кана, эмне дегиң келди эле?

- Апа, силер ойлогондой балдар Артыктыкы эмес.

- Эмне дейт?

- Ооба, балким мени каргайсың, жер ураарсың, - Ушул кезде сырттан Дүйшөбай кирип келип сөздөрү үзүлүп калды:

- Толкун байбиче, этти көрүп өзүң салчы, кызымдын келишине деп кой сойдум эле, - деди ал.

- Жөн эле койбойт белеңиз? - деди Гүласыл.

- Тим койчу беле кызым, сен биздин эң сыйлуу коногубузсуң.

- Рахмат, - деп жылмайды Гүласыл, Толкун сыртка чыгып көптө келди.

- Апа, эмнеге кой деген жоксуз, сойбой эле койсо болмок.

- Мага да айтпады кызым, көрдүң го өзүң.

- Мейли эми, уялып калдым апа.

- Эмнеге уяласың садага?

- Эмне десем, түшүнчү апа, мен аны ата, - деп айта албайм, аке же...

- Кой кызым, мени жинди кылба, аке дегениң туура го, көңүлүнө кетпейби.

- Жарайт апаке, сен каалагандай болот, баары өзүң үчүн, - деп жылмайды.

- Тентек кыз, - Толкун анын жанына отурду, - Кана кайсы жерге келдик эле, сөздү уланталы.

- Макул апа, - Гүласыл колдорун ушалана жер карады, - Балдар Артыктыкы эмес, алардын атасы башка, ооба апа мени жек көр, уруш-саба, бирок ошондой экени анык...

- Кандай деп айтаарымды да билбей калдым.

- Балдардын бирин Жапар таап алып келиптир.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Барам.

- Акылың ордундабы кызым?

- Билем апа, ачууңду келтирдим, бирок бала үчүн баруум керек.

- Кантейин, - Толкун толгоно түштү, - Экинчи жаңылып калбасаң болду.

- Кудай сактасын, тагдырым кандай болсо көнбөскө аргам барбы апа?

- Аның туура, беттегениңден кайра тартпасыңды да билем кызым, кудайым ылайым эле жолуңду ачсын, аман болсоң алтын аяктан суу ичээрсиң кызым, эми тамак даяр болду окшойт.

- Апа, ким жасап жатат тамакты, мен сизди алаксытып койдум окшойт.

- Эчтеке эмес, Дүйшөбай дайыма үйгө конок келгенде мени казан башына жолотпойт, - Толкун жылмая карады, аңгыча эки келин дасторкон жайып тамак алып келди, ошондо гана Дүйшөбай ичке кирип отуруп жиликти бөлүштүрүп Гүласылга сыйлуу жилик койду. Ошентип ал күнү апасынын жашоосуна көңүлү толуп, жүрөгүн кыйнаган өзүнүн ички сырын айтып көөнү жайлана негедир жакшы уктады, эртеси ойгонсо Толкун чайын, тамагын даярдап коюп күтүп отуруптур. Кыязы өздөрү бир сыйра таңкы тамакты ичип бүтүшкөнгө окшоду.

- Апа, эрте туруп алгансыз го? - деп уяла сыртка чыкты Гүласыл.

- Эрте эмес, шашке болуп калбадыбы кызым.

- Уктап калыптырмын, эрте кетишим керек эле, - Гүласыл чыгып жуунуп кайра келди да тамактанып алып жолго чыкты, ал районго келгенде Жапар күтүп туруптур, көрүп эле утурлай басты.

- Кандайсың?

- Жакшы.

- Бошондуңбу?

- Жок, башкы дарыгер арызга кол койбоду.

- Эмнеге?

- Азырынча врачтар жетишпейт иштей тур деди.

- Анан эмне кылабыз?

- Отпускага жооп берди, мен азыр кирип чыга калайын.

- Макул, - деген Жапар кубанып кетти, ал ата-энесин камынтып даярданып коюп анан келген, беш-алты жылдан бери үйлөн десе болбой жүргөн баласы шашылыш эле үйлөнөм дегенине алар абдан кубанычкан эле, Асан дагы эле баягыдай, жалгыздап ыйлап апасын сагынганын айтып тажата бергенинен тигилер аны сооротуп колуна көп акчаны берип эркелете берди. Асан эми ойлоно баштады, ал качып кетмек болду, бирок ал кайдан-кайда келгенин биле албайт эле. Эми Жапар үйлөнөт деп камынып жатканда ал короодон чыгып кетти, алаксып жатып аны унутуп да калышты, кечке маал Жапар Гүласылды үйүнө алып келгенде топураган элди көрүп:

- Жапар, бул эмне, кимдер булар? - деди Гүласыл корккондой.

- Кам санаба жаным, түшө бер.

- Сен бир балээни баштаган жоксуңбу?

- Коркпочу эми, эмне балээ болмок эле? - Жапар жылмая карап рулдан бошонуп жерге түштү, Гүласылдын жүрөгү алып учуп түрсүлү кулагына угулуп өзүнчө жаман болуп түшөөр-түшпөсүн билбей турганда Салия көрүндү, ал жаркылдай түз эле ал тарапка келип эшикти ачты:

- Салия!

- Курбум, куш келипсиң, түш эми, - деп кучагын жая күлүмсүрөдү.

- Салия, бул эмне деген эл, мынча эмнеге көп? - деп Гүласыл калтырай үн катты:

- Кел эми, учурашпайлыбы? - дегенде гана Гүласыл уяла түшө калып кучакташып калды.

- Курбум, кандай жакшы жүрөсүңбү?

- Баары жакшы курбум, жүрү үйгө кир, - деп Салия агасынын ага айтпай келгенин байкап сыр билгизбей үйгө киргизди, алар антип жатканда Жапар эки жакты карап Асанды таппай апасына келди:

- Апа, Асан кайда?

- Жүргөн ушул жерде.

- Жок го?

- Кайда кетмек эле ботом? - деп чый-пыйы чыга издеп бири-биринен сурап жатышты, эч ким көрбөгөнүн билген соң Жапар дароо көчө жакты издеп кетти, эч жерден таппай кайра келгенде Гүласыл менен Салия бейкапар сүйлөшүп отурган эле:

- Жапар, Асанды алып келсең көрүп сүйлөшөйүн, - деди Гүласыл.

- Азыр, сүйлөшө бергиле, - деп коюп чыгып кетти.

- Ай бала жолук салбайлыбы? - деди бир кезде Оңолбү.

- Апа, баланы таппай эчтеке кылбагыла.

- Эмнеге ботом?

- Асандын жоголгонун Гүласыл билбесин, аны таап келишим керек, - деп шашып чыгып кетти, күүгүм кире баштаган эле, коңшуларынан сураштырса эч ким көрбөптүр, эмне кылаарын билбей жолуккандардан сурап үйүнө баргандан коркуп Гүласыл артын карабай кете берет деп жүрө берди. Келинге жоолук салабыз, - деп дүрбөгөндөр тым-тым болуп эле калышты, Гүласылга билгизбей Салия эшикке чыгып апасынан угуп кайра келди:

- Салия, Жапар мага Асанды көрсөтөм деди эле, эмне болду?

- Азыр келет, ал ата-энесине алып бар, - деп кыйнаганынан дүкөнгө алып кетиптир, - деди Салия калп айтып, Салиянын эки баласы бар, бири үчтө, бири бир жарым жашта. Балдары жаткан бөлмөгө киришип дагы сүйлөшүп жатып уктап калышты, Жапар түн ортосунда кирип жатып алып кайра таң атпай жолго чыкты, сары санаа болуп: "Кайда кетип калдың уулум, сенин өз ата-энеңдин биз экенибизди билсең кетпес элең го, кайда кетип калдың деги, кантип кайдан табам, аман болгой элең", - деп таксилер токточу жайга барды да сурап кирди.

- Алты-жети жашар балда көрбөдүңөрбү? - деди биринен.

- Жо-ок көргөнүм жок.

- Ал ким эле? - деди бирөө.

- Менин балам, - деди көңүлсүз Жапар.

- Кеткен аялыңданбы?

- Ооба, бул жакка келген жокпу?

- Кечээ келген, аны Бек ээрчитип кеткен, - деди бири.

- Каякка үйүнөбү? - Жапардын жүзүнө кубаныч кире карады.

- Ооба, бул жактык болбосо кой кайтартам, - деп жаткан.

- Макул, рахмат, - деген Жапар кубана машинасына отуруп Бектин үйүнө жөнөдү: "Кой кайтартат имиш, тапканын кара, мен сага койчу кылып коюп тура берет экенмин да", - деп катуу айдап бара жатканын сезбей калды, бир кезде жолдо келе жаткан абышканы сүзүп ала жаздап рулду буруп жиберип жол боюндагы чоң түп даракты сүзүп алып эсин жоготуп койду. Заматта аяк-бияктан эл чогула калып аны унаадан алып чыгып ооруканага жеткиришти, аны угуп ата-энеси, Салия менен Гүласыл болуп жетип келишти, эки-үч саатта зорго эсине келип:

- Асан, Асан, Бек... - дей берди, анын айтаарына эч кимиси түшүнбөдү.

- Жапар, Асан кана, ал сени менен беле? - деди ыйлап туруп.

- Асанды, Асанды бек алып кетти...

- Ал ким, Бек деген ким? - Гүласыл түшүнбөй сурады, бирок аны Салия ары тартып кетти:

- Акыбалын көрүп турбайсыңбы, бир аз өзүнө келсин, - деди, Гүласыл ыйлай берди: "Менин жолум ушунчалык катуубу, мен бирге жүрөгүмдүн бир бөлүгүн көрүү үчүн келбедим беле, Жапар мени алдап эле алып келген го, болбосо кайда жүрөт ал бала, эгерде алдаган болсо аны өмүр бою кечирбеймин, бул экинчи алдоосун көтөрө албайм", - деп турганда Асанды жетелеп Бек деген киши келип калды. Ага таксистер айткан, анан Жапардын аварияга учураганын угуп баланы өзү ээрчитип келген болчу.

- Асан, кайда жүрөсүң балам? - деп Оңолбү ага жетип кучактап калды.

- Жапар байкеге эмне болду?

- Айтпа балам, сени издейм деп авария болду, эмнеге кетип калдың?

- Үйүмө кетейин дегенмин, - Асан күнөөлүүдөй жер карады, Гүласыл аны көрүп: "Ай кудайым ай, чын экен го баламды көрөөрүм, аттам жакын туруп баламды кучактай албайм, жытынан искеп уулум деп айта албайм, мен барсам дагы качып кетсечи", - деп көзүнүн жашы тамчылап карап турду. Ошол учурда врач:

- Эсине келди, сүйлөшсөңөр болот, - деди чыгып келип.

- Оо айланайын кудай, жаратканга тобо кылдым айланайын, - Оңолбү алдыга түшүп палатага кирди, Асанды жетелеп алган.

- Уулум, кайда кетип калдың? - деди Жапар адегенде эле.

- Мен үйүмө кетейин дегенмин.

- Уулум, шашпай тур ээ, мен сакайып чыксам алып барып келем.

- Ооба садага, окуу башталганча алып барып келет, - деди Оңолбү, - Жакшы элесиңби балам, угуп алып жүрөгүбүз түштү.

- Жакшы апа, Гүласыл кеттиби?

- Жо-ок балам, ал дагы келген.

- Асан, - Жапар алсыз жылмайды, сүйлөгөндө башы ооруп кетип жаткан болчу, - Гүласыл эжең менен тааныш.

- Ал ким, мен билбейм да.

- Гүлү, - деди Жапар, анын сөзүн угуп турган Гүласыл басып келди:

- Акыбалың кандай?

- Жакшы, мына биздин азамат.

- Кана Асан таанышып алалыбы?

- Мен Асанмын, - деди Асан колун кадыресе чоң кишидей сунуп.

- А мен Гүласылмын, - Гүласыл жылмая карап колун кысты, - Мени Гүлү эже десең болот жарайбы?

- Жарайт, - деп негедир бала Гүласылды чын дили менен күлө карады, балким экөөнүн жүрөктөрү бири-бирине тартылып турдубу бала Гүласылды кучактап калды, аны көрүп Жапар ыйлаганын билдирбегенге аракеттенип башын ары буруп кетти.

- Асан, сени уулум десем болобу?

- Сиздин уулуңуз барбы? - Жооп ордуна суроо узатты.

- Мм, болгон.

- Эмне болду эже?

- Алыста.

- Келеби ал?

- Келет, сөзсүз келет.

- Гүлү, - деди Жапар, эми силер бара бергиле.

- Макул садагаң кетейин, биз бара берели, - деди Оңолбү, Жапар менен коштошушту да палатадан чыгышты, бир жумадай анын ооруканадан чыгышын күтүп туруп калды Гүласыл, Асан ага абдан жакын болуп кетти. Тобо десең эне менен баланын сүйүүсү, бири-бирин купуя жактырып, бала өзүнөн-өзү эле ага жакындай берди.

- Мен сизди апа десем болобу? - деди бир күнү, Гүласылдын жүрөгү булкуп алды, селдээ бир аз карап турду да:

- Албетте уулум, кайра жакшы болот, - деди аптыга.

- Апа-а! - деп Асан бакыра кучактап калды, аларды карап турган Оңолбү көзүнүн жашын аарчып алды.

- Аттиң ай, эне-баладай жакын адам дүйнөдө жок го?

- Ооба, баланын жүрөгү сезип жатат окшойт.

- Ананчы, ушунчадан бери эч кимге боор бербей койду эле го, эми тигинтип Гүласылды апалап жатканына не бересиң?

- Алланын колундагы пенде эртең эмне болоорун билбейт экенбиз да, ушул бечара келин ушинтип өз баласынан алыс калаарын кайдан сезди дейсиң? - деп сүйлөшүп жатышты, булар Эркинбектин туугандарынын аялдары эле, келин келет деп, андан кийин асан жоголуп, андан соң Жапар аварияга учурап кетише элек болчу. Бир жумадан кийин Жапарды чыгарып келип түлөө өткөрүштү да дароо эле Гүласылга жоолук салышты, ал бир топ каршылык кылды, бирок тагдырына баш ийбеген пенде барбы, баласынын маңдайында болуу үчүн аргасыз унчукпай калды. Жапарлар бир айдай туруп эле шаарга көчүп кетишти, Асан алар менен бирге, шаарга келип өзүнчө үй алмак болуп жатып бир үйдүн жанынан өтүп бара жатып:

- Жапар, ушундай үйүбүз болсо ээ? - деди Гүласыл.

- Албетте жаным, дал ушундай үйлүү болобуз, - Жапар күлүп Асанга карай көзүн кысып койду, - Туурабы Асан?

- Ооба да, бирок кө-өп акча керек да.

- Татабыз уулум.

- Каяктан татасыз?

- Иштейм да уулум.

- Менин атамдар нан жок отургандыр, - деди кабагын чытый, атам ар дайым ичип келчү, биздин акчабыз жок болчу, эжемдер окууга бара албай калышпадыбы, - деди Асан ойлуу.

- Апаң иштечү беле?

- Жо-ок, апам дагы иштебейт.

- Сени окууга сүйлөшүп койдум уулум, анан сени окууга эки-үч күн калганда алып барып келем макулбу? - деди Жапар, - Качпай жүр, азыр сен жашсың да, адашып кетесиң балам.

- Эми качпайм, апам бар да, - Асан мулуңдай Гүласылды карады:

- Менин уулум, берекем менин.

- Мен сизди түшүмдө көргөнмүн да.

- Чынбы? - Гүласыл ага таңгала карап калды.

- Ооба-а, түшүмдө мага кол сунуп кармайм дегенде качып кетчүмүн да.

- Ардагым, жалгызым менин, - Гүласыл баланы кучактап алдына алып өпкүлөп ийди.

- Апа-а.

- Эмне болду эркем?

- Мен сени жакшы көрөм.

- А мен сени жанымдан артык көрөм, - Гүласыл ушул мүнөөттөрдө абдан бактылуу эле, ал экөөнү улам күзгүдөн карап алып Жапар ичинен кубанып турду: "Эми бирин таап алсак кандай жакшы, аттиң ай мынчалык убара тартаарымды билсем Айсулууга арбалбас элем го, Гүласылды сүйүп туруп эмнеге аны алып кеттим, эгерде мен таштап кетпесем балдар өз колубузда өсмөк, азыр Гүласыл кандай гана бактылуу болуп отурат, мындан дагы бактылуу кыла алсам кана", - деп ойлонуп батирине келишти. Бир бөлмөлүү бардык шарты бар батирде турушат, Гүласыл отпускасы бүтсө өз айылына барып райондон чыгып шаарга келип иштегенге иш сүйлөшүп койгон. Аңгыча балдардын окуусу башталып Гүласыл менен Жапар экөө Асанды мектепке ээрчитип барышты. Кудаанын кудурети болуп Улукбек менен Асан бир мектепке бир класска окуп калышты. Улукбекти Зинакан өзү алып барган, Турдумамбет кийинки күндөрү колу бошобой, үйгө дагы келсе келип келбесе түнөп калат. Зинакан ага ыйлап айтып да, урушуп да көрдү, бирок натыйжа чыкпады, ошондуктан ал өзү анын үйүнөн кетип Улукбек менен өзүнчө жашап жаткан. Көп балдардын ичинен алар байкалган деле жок. Баары кийин башталды, Улукбек өтө назик, анан коркок эле. Ага караганда Асан абдан шамдагай, бетке айткан өктөм боло турган, класста Мирлан деген тентек бала бар болчу, Улукбекке ал чоңдук кылып тийишип кирди:

- Ээй, сенин атаң кайда иштейт?

- Эмне кыласың?

- Сени машина менен жеткирди го?

- Ал апам.

- Аа-а сен апаңдын баласысыңбы? - Сөөмөйүн чычайта ага кезеп каткырып жатты, - Эмне атаң жокпу?

- Атам деле бар.

- Эмнеге атаң келбейт.

- Колу бошобойт.

- Сени жакшы көрбөйбү?

- Мирлан, аны тим кой тийишпей, - деди Асан ага.

- Сенин ишиң эмне, сага тийишкен жокмунбу?

- Мага тийишип эле көрчү.

- Сен кыйынсыңбы? - Мирлан экөө тирелише үрпөйүп короздорчо тиктешип калышты.

- Анан сен кыйынсыңбы? - Жакалаша кетишти, - Улукбекке экинчи сүйлөсөң сени өлтүрөм!

- Ыкы коркуп кеттим, анан эшикке чыксаң көрсөтөм.

- Көрөбүз, - Ошол учурда мугалим кирип экөө өз орундарына отуруп калды.

- Урушпай эле койсоң болмок, - деди Улукбек шыбырай.

- Анан эмнеге сага чоң болот?

- Кел экөөбүз дос болобуз.

- Кел, - Экөө шыбыраша кол алышты, Улукбек алдыда отургандыктан артка карап сүйлөп жаткан.

- Турдумамбетов, алдыңды кара, - деди мугалим, ал сабак өтө баштады, *Улукбек тамганын баарын үйрөнүп алган эле, Зинакан ага үйрөткөн, андан башка дагы Элина аттуу кыз шар окуганды билгени билинди, Асан уялып турду, башка окуучулардай эле башталды ага окуу жылы. Үйүнө келгенде ал:

- Апа, мен Улукбек деген бала менен дос болдум, - деди кубанычтуу.

- Садагам менин, дос күткөнүңдөн, - Гүласыл өөп-өөп алды, - Окуу жакшы бекен?

- Ооба, мен жакшы окууга тырышам.

- Акылыңдан сенин.

- Улукбек досум шар окуйт экен да.

- Ошондойбу, анда биз дагы үйдөн көп-көп үйрөнүшүбүз керек, - деди Жапар.

- Уулум, кана балмуздак жейсиңби?

- Ооба да, - Култуңдаган Асан мектепке барганы ата-энесин айтпай калды, ага Гүласыл менен Жапар кубанып калышты ичтеринен. Бул учурда Улукбек апасы менен сүйлөшүп жатты:

- Мирлан деген бала мага тийишет.

- Эмне деп? - Зинакан көңүл бура карады.

- Жөн эле, Асан мага болушту.

- Ал ким экен?

- Досум, биз достоштук.

- Жакшы бала бекен?

- Ооба, Мирланды коркутту.

- Сен балдар менен урушпай жүр ээ балам?

- Ооба урушпайм, апа атам эмнеге келбейт?

- Иши көп тура балам.

- Түндөсү дагы иштейби?

- Ошондой, - Зинакан ыйлагысы келип кетти.

- Чоң атамдыкына барып келбейлиби.

- Макул уулум, - деп Зинакан уулунун мектепке кийген кийимин чечип кийинтип алып кайнатасыныкын көздөй жөнөдү. Дал ушул учурда Жумабек менен Зарылбү өздөрүнчө кыжы-кужу болуп жатышты.

- Эй катын, сенде уят жок деги.

- Эмне болуп кетти?

- Сен ушу Асанды сатып ийдиң го?

- Эмне, мен сага өз баласын саткыч болуп көрүнүп жатамбы?

- Анча акчаны кайдан алдың анан, жашоо го оңолуп бара жатат, кыздарың тың кийинип окуп жатат, бирок менин балам дайынсыз жоголду, же издебейсиң.

- Издегенде колумдан эмне келет, милицияң азыр акча берсең жүгүрөт, эчтеке бербесең ооба табабыз, издеп жатабыз деп жолго сала берет, эмне кылам анан, биртике акчаны аларга берип издеткен менен табылабы жокпу ким билет? - деп өктөм сүйлөп Жумабекти сүйлөтпөдү.

- Сенде бир сыр бар катын.

- Эмне сыр экен, айтпайсыңбы ачык эле.

- Ушул Асанда күмөнүм бар болчу.

- Эмне, кандай күмөнүң бар эле?

- Каапыр башкадан төрөгөнсүңбү дейм да.

- Оозуңа карап сүйлөчү Жумабек, айткандан уялчы.

- Анан кайда кетет, сен дегеле кайгырбадың го?

- Кайгырганда эмне, буйругу болсо табылып калаар, - Зарылбү Асанды кетирген күндү эстеди, ал унаадан түшүп калгандан кийин дароо эле карызы бар дүкөнгө кирбей базарга жетти: "Мени эч ким тааныбайт", - деп ойлонуп акырын пакетин чукулап туруп жүз долларды алып чыкты да көйнөк саткан аялга кайрылып өзүнө көйнөк алды. Ал майдалап калган акчасын бергенден кийин бир аз тамак-аш менен Апалга момпосуй алып сыр билгизбей үйгө кирип ички бөлмөгө кирип катып чыкты да:

- Асел, тамак жасачы кызым, - деп эт-ашты берди.

- Апа, буларды кайдан алдың?

- Эмне сурайсың, кардыбыз тойсо болбодубу.

- Асан көрүнбөйт да, - деп Жумабек кирди.

- Эми эле эшикте калбады беле? - Зарылбү билмексен болду, - Келет да, ойноп жүргөн чыгаар.

- Карап алып келгиле, - деди Жумабек, үч кызы сыртка чыгып эки жакты карашып кайра келишти.

- Эч жерде жок, эч ким көрбөптүр, - деди Асел ыйламсырай. Анан баары карап издеп таба алышпады, эртеси участковыйга барып арыз жазды Зарылбү, бирок өзүнөн коркуп кайра барып сураган да жок, бир-эки күн ыйлап-сыктап жүрдү, ичи ачышты, анан айласыз унутмак болду, акчаны четинен он чакты күн билгизбей тамак-аш алып жүрүп бир күнү Аселге:

- Мен сени базарга отургузайын макулсуңбу? - деди.

- Кандай товар сатам?

- Сүйлөшүп койдум, подрял бере турган болду.

- Апа, кийимим жок да.

- Сага дагы алып келгенмин, - деп каткан жеринен алып көрсөттү, бир сыйра эле бутуна дагы алган.

- Апа-а качан алып келдиң эле? - деп Асел кубанып кетти, Айзат менен Гүлзатына дагы кийим-кече алып келген болчу. Ошентип ал Аселди чоң базарга товарды толтура алып отургузуп койду, соодасы жакшы болуп чоң акча кармай баштагандан бери Зарылбү ичпей калды, оюнан Асан кетпейт, Жумабек мурункудай көп ичпейт, бирок күндө кур эмес, алагүү болуп келет, баягыдай болбой эт-ашты кенен алып карды ток, кайгысы жок жашай баштаган. Жумабек ар убак эле Асанды айта берет, сурай берет, кирип-чыгып кийимдерин кармалап каңырыгы түтөп отуруп анан аялынан күмөн санап бүгүн айтып отурган эле: "Байкушум ай, эптеп унутасың да, кийин өз балаң эмес экенин билип жүрөгүң ооруп жүргөнчө ушул туура болду, көнүп кетесиң абышка", - деп ойлонуп көз жашын шыпырып алды.

Асел акча кармап, кийинип калгандан кийин Бурхан менен корунбай сүйлөшүп калды, ар дайым базардан келе жатканда бирге келет, үйүнө келгенче күлдүрүп тамаша сөздөрдү айтып келе берет, бул күнү катар басып келе жатып:

- Асел, бир сөз айтсам макулбу? - деди аста карап.

- Айта бер, сүйлөп эле жүрөсүң го?

- Билбейм, бир сөз айтайын десем эле сенден сүрдөй берем.

- Эмнеге? - Кыз билип турса дагы билмексен боло сурады.

- Асел...

- Угуп жатам.

- Мен сени сүйөм.

- Эмне? - Кыздын жүзү кызара албыра карады.

- Чын айтам, качантан бери сени сүйөөрүмдү айта албай келе жатам.

- Кызык экен.

- Ишенсең Асел, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм.

- Сүйүү эмне, сүйүү балдардын оюнчугубу же... же көзгө көрүнбөгөн сыйкырбы?

- Баланын оюнчугу эмес, көрүнбөгөн сезим болушу мүмкүн, сыйкырдуу дүйнө, сыйкырдуу арал, сүйүүгө кабылган адамдын көзүнө жалгыз гана сүйгөн адамы көрүнүп, башка нерсеге көңүл бурбай ошол жөнүндө гана ойлонуп калат экен.

- Ошондой бекен, анда сүйүү азгырык турбайбы?

- Жо-жок, жүрөк эңсөөсү, сүйгөн адам эңсегенине жетмейинче жаны тынбай далбастайт, сүйүүсүн жеткире айта албай кыйналып азап чечет, - Бурхан Аселге жал-жал карады, - Мен сен үчүн дүйнө кезип кечил болсом дагы сүйүүмдү далилдейм Асел.

- А менде андай сезим жок да Бурхан.

- Сен сезбейсиң, жүрөгүңдү тыңшачы Асел.

- Бир адам сүйүп экинчиси сүйбөсөчү?

- Асел, мейли сени сүй, - деп кыйнабайм, менин сени сүйөөрүмдү билсең болду, - Алдын тозо арты менен басты, - Менин сүйүүм түбөлүк Асел.

- Мен сүйүүнү түшүнбөйм Бурхан, балким бара-бара түшүнөөрмүн.

- Асел, азыр жаш кыздар билет го?

- Ар ким ар кандай, мен ал жөнүндө ойлонуп көрбөптүрмүн да.

- Макул, башкысы сен менин өзүңө деген таза сүйүүм чексиз, экенин сезсең болду, мен сен үчүн баарына даярмын.

- Мен үйгө келдим, эртеңге чейин.

- Макул, сени ойлонуп таң аттырам го?

- Жакшы түш көрүп жат.

- Сен дагы, - Экөө коштошо бөлүндү, Бурхан кыз короосуна кирип көрүнбөй калганча карап турду, Асел кирип бара жатып кылчая караганда колун көтөрө жылмайды эле ал дагы колун булгап койду да эшик тарс жабылды.

- Эмнеге кеч келдиң? - деди Зарылбү кызына суроолуу тигилди, кызы күндөгүдөн башкача, күйүгүп жүгүрүп келгендей эки бети албырып көздөрүндө бактылуулук жанып турган эле.

- Кеч жыйнадым апа.

- Мындан ары кеч калбай жүр.

- Макул, соодага да карайм да.

- Ошентсе дагы кеч калбачы, азыр эл жаман, ички оюн билбейсиң.

- Мейли, аракет кылам.

- Баса Айзатты жаныңа окуудан кийин жөнөтөйүнчү.

- Сабагына даярданышы керек да апа, быйыл бүтүрүүчү эмеспи.

- Анда Гүлзат сага жардам берсин.

- Кечке маал барсын, келе жатканда эле коркпосом.

- Жарайт кызым, кардыңды тойгуз, бүгүн соода кандай болду?

- Жакшы, сумдан жүз миң, сомдон беш миң сом.

- Аа-а жакшы экен, - Зарылбү эс ала түшкөндөй болду, анан акчаларын санап товарга бөлүп катыла турганын катып жатып калды. Жумабек кийинки кездерде абдан санаакор болуп кетти, негедир арак ичкенин да койду, басса-турса Асанды ойлонуп: "Мен ичип жүрсөм бирөөлөр шылдың кылып баламды алып кетип сыртымдан күлүп жүрбөсүн, колунан эмне келет эле деп ойлоп жүргөндүр, жалгыз баламдан ичкиликтин айынан айрылып калдым, ошол убакытта Зарылбү дагы ичип туруп албадыбы, менин тукум улаарым эмес беле?", - деп тынчы кетип жүрүп бир күнү милицияга барды.

- Биз алты жаштагы балабыз жоголгону тууралуу арыз жаздык эле, бир дагы дайыны билинбеди?

- Жок аке, издеп баардык жактан шектүүнү карап эле жатабыз.

- Деги силерге түшкөн арыздардын канааттандырган күнү барбы?

- Эми-и аке болот кээде, кээде такыр эле табылбай кеткендери болот, биз өз ишибизди кылып жатабыз да, - Лейтенант алакан жая жылмайды.

- Биздей бечарага жардам бере албайт окшойсуңар, менин төрт кызымдын ичиндеги жападан жалгыз уулум эле да, картайганда кайдан эми уулдуу болом балам, мен ошол жалгыз уулумдун айынан санаа басып өлө турган болдум, - Жумабек жашый түштү.

- Капаланбаңыз аке, табылып калаар.

- Деги издетүү үчүн канча акча керек? - Жумабек лейтенантты үмүттүү карады, - Болгон дүйнөмдү сатсам дагы издетүүгө жумшайын.

- Жарыктык, биз акча албайбыз, милдеттүү түрдө издеп колдон келсе табууга аракет кылабыз, - деп күлгөн болду. Жумабек жөндүү сөз уга албаган соң шалкы бош ордунан турду да унчукпай чыгып кетти, анын үмүтү үзүлө түшкөн эле: "Көрсө уулумду катуу жакшы көрчү экенмин да, айла жок өзүм издесем окшойт, булардын бизге жардам берээр түрү жок", - деп ойлонуп үйүнө келди. Зарылбү бул кезде тамакка табити тартпай төшөккө жатып алган: "Боюма болуп калганбы, эми кыркка чыкканда кайдан төрөмөк элем, табым айнып калган го", - деген ойдо дары ичип алып жатып алган.

- Апаң кайда? - деп Жумабектин кирип келе жаткан дабышын укту.

- Апам үйдө, - деп жооп берди Айзат.

- Эмне кылып жатат?

- Жатат.

- Чак түштө эмнеге жатып алды? - Жумабек кирип келди.

- Каякка кетип калдың таң атпай?

- Милицияга бардым.

- Эмнеге?

- Асандан кбаар барбы деген үмүт да, - Чарчагандай отура кетти.

- Эмне дейт анан?

- Издеп жатабыз, аракет кылабыз дегенден башка сөзү жок.

- Издесе издеп жаткандыр...

- Дегеле көңүлүң жай да, ушу сен бирдеме билесиң.

- Эмне деп эле жатасың, ансыз да ичимден сызып азап чегип жүргөндө, туубасам дагы өз баламдай карап жакшы көрчү элем, - деп айтканын Зарылбү байкаган деле жок, өзүнүн оюндагысын айтып ийген эле.

- Эмне дейсиң, туубасам дейсиңби? - Жумабек аны ормое карады.

- Эмне дедим, бирдеме дедимби, мен... мен ичимден ачышып..

- Болду! - Жумабек ага катуу бакырды, анын мындай абалын Зарылбү эч көргөн эмес, түшүнбөй да калды, - Туубасам дагы өз баламдай көрүп бактым дейсиңби ой катын?!

- Ошенттимби, койчу Жумабек, кудайды карасаң боло, кара чечекей өз баламды кантип айтмак элем? - Зарылбү жаман болуп кетти.

- Жаныңды жебе!

- Жумабек, чын айтам.

- Болду дейм, сенин ичиңде бир сыр бар экенин сезип жүргөнмүн, - Ошол убакта кыздары Айзат менен Гүлзат, Апал кирип келишти, алар ата-энесинин кыйкырышып жатканын угуп кирип келишкен эле:

- Апа, ата эмне болду?

- Эчтеке, бар ишиңерди кыла бергиле, - деди бурк этип Жумабек.

- Бара бергиле, биз сүйлөшүп жатабыз.

- Урушуп жатасыңар го, Асан үчүнбү? - деди Апал.

- Жок кызым, биз урушпай эле катуу сүйлөшүп жатат окшойбуз.

- Макул, - үчөө үчүн Айзат жооп берди, анан алар ээрчише сыртка чыгып кетишти.

- Сен мага чыныңды айт Зарылбү, бала меникиби, экөөбүздүкүбү? - деди Жума кайра аны карап.

- Жума, ишен мага өзүм ооруп турганга эмне деп алганымды билбей калдым, асан экөөбүздүн эле балабыз, - Зарылбү кашкая аны ишендирмекке жан үрөп жатты, Жумабек акыры ага ишендиби же ишенбедиби үндөбөй сыртка чыгып кетти. Зарылбү: "Тилиме тикен чыксачы, кантип айтып ийдим, эми бул жан койбойт, кандайча оозумдан чыкканын дагы билбей калдым го", - деп ойлонуп сыртта басып жүрдү, түн бир оокумда гана бул иш жөн аягына бербей турганын сезип: "Чындыгын айтып беришим керек", - деген чечимге келди, бирок ал кабатыр болуп таң атпай кайнагасыныкына барды, алар келбегенин айтканда гана ого бетер коркуп калды. Бирок Жумабек дал ошол кезде көптөн бери өзүнүн жүргөн аялына барган эле, анын да өзүнчө чоң романы боло турган... Мукадастын атасы өзбек, энеси кыргыз, Жумабектен эки жаш кийин окуган, Жумабек аскерден келгенде суйкайып бой жетип көзгө көрүнүп калган. Экөө жашыруун жолугушуп сүйлөшүп жүрчү, эми үйлөнгөнү жатканда аны атасы айтпай өзүнүн досуна берип ийген болчу. Дал ушул кезде ал эки баласы бой жетип, өзүнүн күйөөсү өлгөн соң ата-энесине карап көчүп келип алып ошол бойдон калып калган. Ал жалгыз кыз болчу, балдары көбүнчө чоң атасыныкында болушат, көптөн бери ал экөө жолугушуп жүргөн.

- Мукадас, менин кайгымды төө көтөргүс кылды аялым, - деп мүңкүрөй сырын айтып отурду Жумабек.

- Эмне болду, айтчы деги?

- Менде уул бала жок.

- Ошого да кайгырат бекен, кызбы же уулбу алла таала сүйүп берген соң жээрибеш керек Жума, минтип кудай алдында күнөөгө батпа.

- Кантип, кыз эми эле башка бирөөнүн бүлөөсү болуп кетет да, менин артымда тукумумду улантаарым жок болуп жатпайбы?

- Бекер кейибе, балким болуп калаар.

- Мен сени ошондогудай эле жакшы көрөм Мукадас.

- Мен дагы, бирок тагдыр бизди кошподу да.

- Кошпосо жашыруун кошулуп албайлыбы?

- Койсоңчу, алладан буйруксуз иш кылып күнөөгө батабыз го? - Мукадас шыңкылдай күлүп наздуу көзүн сүзө карады, - Аялың билип калса менин дамбалың менен муунтпайбы?

- Билгизбейбиз да, бири-бирибизди арзышкан тирүү пендебиз го биз деле, сени жүрөгүмдөн өчүргөн эмесмин.

- Чай ич Жума, тамак даяр болоюн деп калды, сүйлөшүп отуралы, - деп Мукадас жамбашын чайкай сырткы бөлмөгө чыгып демделген пловду көтөрүп кирди, - Би-ир маза-а кылып аш жейли Жума.

- Мунуң деле жакшы дечи, сенин кыз кезиңдеги кумарлуу кучагыңа кире албай калганыма өкүнүп жатам, жок дегенде эч ким жыттай элек жытыңды жыттабай калганымчы, - Жумабек эркектик лапсиси бузулуп Мукадас менен жатканга ашыгып турду, кырк бештердеги эркек деген ашып ташып турган убагы эмеспи. Мукадас анын оюн билип туруп эле маалкатып жатты, буга чейин ал-акыбал сурашып, өткөндөрүн эскерип жүргөн болсо бүгүн ортодогу чеп уруп жүз бере турган болуп турду. Жумабек бир топко ичип жүргөнү менен боюна чаң жолотпогон неме, кечээ мас болуп келсе эртеси эч бир жеринде тырышы жок кийимдери таптаза болуп турчу. Муну Зарылбүнүн күйөөсүн жакшы караганынан деп айтышаар эле, чынында эле ошондой эле.

- Алың Жума, аштан алың.

- Алып жатам, сени сагынганымдан отура албай жатам.

- Ортобузду бузуп, жүзүбүздү ачпай эле койбойлубу?

- Анда неге тирүүлүккө арзууну тартуулаган, сүйсүн-арзышсын деген, бул өмүрдө алла канчалык мүмкүнчүлүк берсе да пайдалана албасак биз күнөөлүү болбойбузбу, болгон дарамет, аракет күчтүн баары тирүүлүктө да.

- Сөзмөр болуп калыпсың, илгери абдан жоош элең.

- Жетилдим да, - деп Жумабек каткырып калды, эртеси Зарылбү аны ойлонуп сары санаа болуп отурганда келди.

- Кайда жүрөсүң ыя, издебеген жерим калбады.

- Жүрдүм, сага кызыгы кайсы? - ички бөлмөгө кирип кетти, кыздарын тик багып кароодон уялып турган. Өмүрүндө биринчи жолу жаңылып турган кези эле да.

- Ай Жумабек, сен адамсың да, ит эмессиң ботом, келбей калсаң сары санаага батат экен киши деген, же эмне сен үчүн биздин капаланганыбыз түккө турбай турган ишпи? - Зарылбү артынан кирди.

- Мен Асан табылмайынча талаалап кетем!

- Эмне? - Зарылбүнүн көздөрү алая түштү, - Кайсы талаага?

- Ал өзүмдүн ишим, - бурк эте кийимин жыйыштырып жатты, ал аялын эмне дээр экен, - деп жаткан эле.

- Жума, отурчу сүйлөшөлү.

- Эмнени сүйлөшөбүз? - Ага карай сурады.

- Отурсаң эми, мына экөөбүздүн бирге жашаганыбызга жыйырма үч жыл болуптур, убакыт өтүп кете берет экен, ошол жылдарда бир жолу калп айттымбы?

- Жо-ок, айтсаң да билинбесе керек.

- Антпе Жума, - Эшикти карап койду Зарылбү, - Мен сага бир сырымды айтайын, - деди эле Жумабек аны таңгала карап эчтеке дебей жанына отурду, ал эркек болсо дагы өзүнүн аялынын көзүн жазгырганына уялып турган эле.

- Айта бер, - деди анан.

- Мен сенин алдыңда бир чоң иш кылдым.

- Кандай иш?

- Апал эгиз эмес!

- Ыя?! - Жумабектин көзү чакчая түштү.

- Ооба, мен калп айтканмын, - деп Зарылбү мостое отуруп айтып берди, - Мен чекилик кылыпмын, акыры издеп келип таап алаарын билсем антпейт элем да.

- Демек сен эркек балаң бар деп мени соороткуң келген экен да.

- Сени эле эмес өзүмдү да алдагым келген, бирок алар издеп келе берди, бирөөлөр Асанды караса эле ушул атасы болуп калсачы деп күмөнсүй бердим, издеп да келди, экинчи келишинде чоң суммадагы акча сунуш кылды. Акыры макул болдум, өзүң деле ойлосоң, алты жыл бою багып өз баламдай мээрим төктүм, мага деле оңой болгон жок да, ичим ачышты, жетип барып алып баса бергим келди, бирок ар ким өзү менен өзү болсун дедим да унутууга бел байладым.

- Аттиң, уул балам жок деп жүргөндө Асанды көрүп көңүлүм тына баштабады беле, жоголсо дагы бир күнү кирип келчүдөй болуп түшүмө кирип барына шүгүр деп жүргөн элем, - Жумабектин каңырыгы түтөп кетти.

- Кечир Жума, ала кушту атынан айт деген туура экен да, бирөөнүн баласы акыры ачыкка чыгат экен, мындай болоорун билген эмесмин...

- Айла канча? - Жумабек шалдая отуруп кады, аларды урушуп кетеби деп тыңшап турган Айзат буларды укту, беркилер арыраакта турган, угушпады: "Асан биздин бир тууганыбыз эмес турбайбы", - деп ойлонгон Айзат артына бурулуп ыйлап жатты: "Апам бизди алдаптыр да, Асанды кайра атасына берип ийген тура", - деп ыйлап отурганда Жумабек менен Зарылбү чыкты:

- Айзат, сага эмне болду кызым?

- Ал ыйлап жатат апа, - деди Гүлзат.

- Эмнеге? - Зарылбү жанына келип колунан кармаганда силкип жиберди.

- Кармабаңыз мени, эмнеге калп айтып баарыбызды алдайсыз?

- Эмне-е? - Көзү артынан чыккан күйөөсүнө кадалды.

- Апа, сен бизди, атамды алдап Асанды сатыптырсың, эмнеге анттиң, эмнеге?! - деп көздөрүнөн жашы талаа-талаа болуп турган эле, - Мен сизди апа дегенден уяламын, калптан эркек төрөдүм, -деп атамды алдадыңыз!

- Айзат, кызым мени түшүнчү, - Зарылбү эми анын угуп койгонун түшүндү.

- Түшүнбөйм сизди, түшүнгүм да келбейт, ошончо алып келгенден кийин Асанды эмнеге бересиз, энелик мээримиңди аягына чейин төгүп бала кылып алууга эмне чыдабадың, жүрөгүң жок сенин, жүрөгүң жок, таш жүрөксүң! - деп бакырганда Зарылбү кармап калды:

- Эл угат акырын, болду жетишет! - деп булкулдатып туруп ыйлаганына боору ооруп өзү да көз жашын төгүп кучактап калды, - Эсиңе кел кызым, мен туура эмес кылганымды кийин түшүндүм менин каталыгым ушунчалык эле балдарым дагы кечиргис болдубу?

- Бербей эле койбойт белеңиз, биз сагындык аны, бөлөк экенин билсек да жакшы көрөт болчубуз, - деп Айзат ыйлай берди, Гүлзат дагы түшүндү, бир гана Апал алардын эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жок. Жумабек өзүнчө ойго батты: "Айзат туура айтат, ошончо алып келип баарыбызды ишендирип Асанды багып чоңойтконго кудурети жетпедиби, ачка-ток болсок деле күнүбүз өтмөк, ал кантип жатат болду экен, көнбөй кыйналып жатабы, бала неме же жакшы сөзгө алданып калды бекен, кантсе дагы ал биздин үйдүн эркеси болуп калбады беле, чынында аны көргөндө Зарылбүдөн күмөн санаганым болбосо аябай жакшы көрчү элем го, аттиң уул болбосо кыздарым турат, такыр баласыз эмесмин го, ушуга каниет кылайынчы", - деп өзүнчө сары санаада. Зарылбү кыздарына түшүндүрүп анан врачка көрүнүүгө жөнөдү, ал күмөндөнүп аял догдуруна көрүндү эле:

- Куттуктайм, кош бойлуу экенсиз, - деди жашы өтүп калган врач.

- Кантип, ушул жашымда кантип төрөйм?

- Кырк жаш кары эмес, төрөгөндөр кездешет, төрөйсүз буйруса.

- Эжеке, алдырып койсом кантет?

- Болбойт, бала чоңоюп муун алып калыптыр.

- Канча экен?

- Үч айдан өтүп калыптыр.

- Анда эмнеге кыймылдабайт?

- Кээде кеч кыймылдайт, балаңыздын өсүшү жайында, канча балаңыз бар?

- Төрт кызым бар.

- Оо анда мунуңуз уул болсун.

- Ким билет? - Зарылбү үмүтсүз карады, - Улам уул болот деп күтө берип төрт кыздуу болдум.

- Эчтеке эмес, күйөөңүздү кубантаар ушул болушу да мүмкүн, - деп жылмайды врач ага карап туруп.

- Андай болсо кана, - Зарылбү улутунуп алды, - Эркек төрөгөндөн түңүлүп эле калдым, алдырып койгонум дурус болот беле?

- Өзүңүз кеч келдиңиз, буйруктуу балага айла жок.

- Мейли анда, сизге рахмат, - деп Зарылбү чыгып отургучка ойлонуп отуруп калды: "Эмнеге билбей калдым, боюма болгонун дароо эле билчү элем, Асанды ойлонуп жүрүп такыр байкабай калган экенмин да, андан крө Жумабекке айтпай алдырып коймок экенмин, эми эмне кылам", - деп көпкө отуруп аргасыз үйүнө жөнөдү. Ошол бойдон алардын үйүндө Асанды эч кимиси сөз кылбай калды, болбосо: "Асан минтип, Асан антип, анан Асандын сүйлөгөнү", - дешип эстей беришчү. Бул жаңылыкты угуп Асел дагы жаман болду, бирок сыртына чыгарбай ичинен сызып калды.

Бурханды ата-энеси үйлөнтмөк болгондо ал Жумабектин кызын алмак болгонун айтканда атасы уулун катуу урушуп: "Чыгып кет, ошонун үйүнө күч күйөө болуп кирип алгын, биз сендей балабыз жок деп коебуз", - деп ай асмандан кетип каршы болуп туруп алды. Асел аны кээде өзүнчө ойлонуп: "Мен аны чынында сүйбөйт окшойм, өзүм сүйбөсөм эмнеге ага турмушка чыкмак элем", - деп ойлонуп ага жолуккусу келбей жүргөн болчу. Бир күнү ага келип:

- Асел, сага бир сөз айтсам угасыңбы? - деди башын жерге салып.

- Айтчу сөзүңдү айткансың, эми дагы эмне демексиң?

- Менин ата-энем башкага үйлөнтөм деп жатат, мен сенсиз жашай албайм, качып кетпейлиби?

- Эмне, мен сени мененби?

- Ооба, акыры түшүнүшөт да.

- Бурхан, мен эч качан ата-энемдин жүзүн жер каратып кете албайм.

- Суранам Асел.

- Сен менден суранба, мени жеңил ойлуу кыз деп ойлосоң жаңыласың, мындан кийин жаныма келчү болбо, көргөндөр башкача ойлоп калышат.

- Асел, мен сени сүйөм.

- А мен сени сүйбөйм!

- Баары бир, сен мени сүйгөнүңдү жашырып жатасың.

- Бурхан, мага жолтоо болуп жатасың, өз жолуң менен бол, мен сени сүйбөйм баары бир уктуңбу?! - деп катуу айтканда ал акырын басып кетти. Асел кийим-кече менен бирге эндей мата дагы сатып товары эле миллион сомдук болуп калган, аларда сом менен сум бирдей эле иштейт. Ошентип ал кыжаалат ойдо болуп: "Мени ата-энесине айтса каршы болгон экен да, карасаң кыйынсынгандарын, кемсинтип жаткан го, мен ата-энемди кемсинткендерди жек көрөм", - деп жини келип жатты. Зарылбү эч кимге айтпай ичинен ар кайсыны ойлонуп жүргөндө абысыны Саадат келип калды, экөө сүйлөшүп отурганда:

- Жеңе, мен сизге сырымды айтпасам жарылып кетчүдөймүн, - деди.

- Эмне болду анчалык?

- Менин дагы боюмда болуп калыптыр.

- Болсо болот да капырай, күйөөсү бар аялдын боюна болот да.

- Жеңе, дагы кыз болуп калсачы?

- Көп эле кесир кыла бересиңби, кыз жакшы эмеспи, азыр кыздар эле чет өлкөлөргө барып иштеп ата-энесин багып жатпайбы, кудайдын бергенине сүйүн Зарылбү, а кокус такыр төрөбөй калсаң эмне болот эле, күйөөң экөөңөрдү ушул кыздар жыргатат, - деп Саадат абысынына акыл насаатын айтты.

- Кесир кылгым деле келбейт жеңе, Жумабек эле эркек балам жок өтөт экенмин деп келжирей берсе зээним кейийт жеңе, мына Аселди базарга чыгарып койдум эле бир сомду жок кылбай улантып кетпедиби, эми эки кишилик орун алды, жазда Айзатты кошуп коем, баягыдай болбой ичкен жегенибиз оңолуп да калды, кудайга шүгүр.

- Асандан дайын барбы? - дегенде Зарылбү тамагына бирдеме туруп калгандай какай түштү.

- Дайын жок...

- Айла канча, аман болсо акыры бир күнү таап келээр...

- Ошентсе кана, аны издегенге акыбал жок эле да, узатпай таап алсак болмок, эми кыйын го, аман болсо болду кантейин, - Зарылбү ушул ирет чын дилинен ыйлап отурду, - Ал болсо дагы мынчалык болбойт элек, Жумабек болсо ошондон кийин ичпей да калды, өзүн күнөөлүү сезип калды.

- Бу дагы жараткандын сыноосу, берсе таштабайм, бербесе какшабайм, - деп илгеркилер айткандай ооз кесир кылбай төрөп ал, ушунуң эркек болуп калса ажеп эмес, - деп Саадат айтканда үмүт оту жана түштү.

- Ошондой болсо кана жеңе.

- Үмүтсүз жалгыз гана шайтан экен, адам үмүт менен алга карай өмүр сүрөт, силер бир гана жаратканга сыйынгыла, ишенгиле, кой эми мен кетейин.

- Кудай деген кур калбайт дегендей кудай дейин, азырынча Жумабекке эч нерсе айтканым жок жеңе.

- Мейли, качан чоңойгондо билет, - деп Саадат үйүнө кетти, Зарылбү ички сырын айтып алып бир аз жеңилдей түштү. Өйдө ылдыйы, ысык-суугу, жакшы жаманы бирдей адам баласына шерик болуп убакыт сааттын жебеси менен тегеренип чакылдап өтө берди, Зарылбү толготуп барганда аны акушерка көрүп жанындагыга:

- Аа-ий, картаң аял толготуп келди, - деди, ал жаңы бүтүп келген эле.

- Төрөсө төрөйт да, андайлар көп болот, - деди көңүл кош шериги.

- Бол эрте сен барып картасын толтура сал.

- Сен даяр тур, сразу родзалга жөнөтөм, - Экөө ошентип сүйлөшкүчө Зарылбү коридорду жаңырта кыйкырды:

- Аа-ай, жардамга, бала түшүп келе жатат! - дегенде баары жүгүрүп жетип барып колтуктап родзалга алып кирип кетишти, толгоо бышып калган экен кирээри менен эле он беш мүнөт өтпөй эле төрөп койду, - эмне экен кыздар, уулбу же кызбы? - деди Зарылбү чыдабай жатып эси дарты балада болуп.

- Уул төрөдүңүз, канча балаңыз бар? - деди акушерка жөн салды гана.

- Кайра карачы кызым, жаңылган жоксуңбу, ырас эле уул бекен? - деп кара терге түшө башын көтөрө карады, - Көрсөтүп койчу кызым, - дегенде акушерка күлүп жылаңач наристени ага көрсөттү:

- Мына, уул экен.

- Оо кудай! - деп алып Зарылбү эсинен танда. Акушеркалар коркуп кетип ага укол берип тыпырап калышты, жарым сааттан кийин аны палатага которгондо төрт кызы менен Жумабек келди. Алар дагы ишенбей көрөбүз дешип төрөтканада кызык болушту. Жумабек эми күмөн санаган жок, ал дагы эле Мукадас менен жүргөн өткөн жумада ал дагы боюмда бар дегенде ал аны тынчтандырды. Зарылбү кырктын кырында уул төрөп бактылуу болуп турду.

- Күчүгүм, күттүрүп тажаганда күтүлбөстөн келгиң келген экен да ээ? - деп өпкүлөп жатты, - Кагылайын десе, менин ардагым, арка жөлөгүм.

- Апа, атын ким коебуз? - деди Апал.

- Дал ушул күнү сенин дагы атыңды жаңы коем кызым, - деди күлүмсүрөй Зарылбү.

- Эмнеге апа?

- Анткени эми асан жок, бизде Куттубек деген жигит бар.

- Аа-а, - деп койду Апал түшүнбөсө дагы...

Убакыт желдей сызып Асан бешинчи класска окуп калган, ал Улукбек экөө абдан ынак, бири сабакка келбей калса бири күтүп комсунуп калат, эгерде бирине-бирөө тийишсе экөөлөп кетет. Жапар менен Гүласыл андан кийин дагы бир уулдуу болушкан, абдан ынтымактуу, кичүү уулу үч жашар, тили чыгып кадимкидей сүйлөп калган, балдарынан чыга албай иштей албай үйдө отуруп калган. Асандын айтканы менен Улукбектин ата-энесине барып достоштуралы деп ал Турдумамбеттин баласы экенин угуп барбай калышкан, анткени Салия аларга Асандын шериги ошол болуш керек дегенинен мектепке барып Гүласыл көрүп ичи элжиреп: "Аман болсо болду, көз алдыбызда болуп турат, кантип талашмак элек, уятты кантип жыйыштырмак элем, Асан маңдайыбызда эмеспи, Аманым турат", - деп ойлонуп тим болгон. Бирок ошол жылы Зинакан капысынан эле ооруп оо дүйнө салып кете берди, эсине кирип калган Улукбек ботодой боздоп ыйлап мектепке барбай көпкө жоголуп анан келди. Баягы биринчи класска барганда тийишкен Мирлан окуудан да, кийимден дагы, баскан турганынан дагы атаандашып абдан көтөрүлгөн, мактанчаак бала болгон. Апасын жоктоп зээни кейип окууга келээри менен Асан:

- Капа болбо Улук, - деди кайгысын жеңилдетээр сөз таппай:

- Апамды эстей берем Асан ал эмнеге өлүп калды билбейм, - деп экөө сүйлөшүп турганда Мирлан келди:

- Ээй балдар, Улукбектин баккан апасы өлүптүр, көңүл айтпайлыбы? - деди керсейе карап.

- Оозуңа карап сүйлө, баккан эмес, өзүмдүн эле апам.

- Койсоңчу, сени багып алыптыр, атаң ошондуктан жаш аял алып кетиптир го? - дегенде Асан барып аны жакадан алды:

- Башканын кемчилдигин издегиче өзүңдү жөндөп ал!

- Мен эмне экенмин, өз баласымын ата-энемдин.

- Эмнеге калп айтасың? - деп Улукбек бир жагынан чыкты.

- Ээй силерди эгиз экен, - деп айтып жүрүшпөйбү, Улукбекти алар багып алышыптыр! - деди төр жакта отурган кыз.

- Калп! - деп кыйкырып Улукбек мектептен жүгүрүп чыгып кетти, Асан анын артынан бара жатты:

- Улук токто, алар айта беришет.

- Жок Асан, мен азыр барып чындыгын билем, окууга бара бер, - деп Улукбек токтобой кетип калды, Асан кайра класска келсе мугалим кирип калыптыр.

- Отур. Экинчи кечигип келбе, - деди ага.

- Кечикпейм агай, - Ордуна отуруп кыжаалат болуп жатып, - Агай, мен сизден бир суроо сурасам болобу? - деди.

- Сура, кандай суроо?

- Эмнеге ата-энеси бар эле балдар тартипсиздик кылат?

- Бул кандай суроо болду балам?

- Мирлан ар дайым тартипсиздик кылат. Бүгүн болсо Улукбекти шылдыңдап ыйлатып кетирди, анын апасы өлгөн.

- Турдумамбетовдубу?

- Ооба, сени багып алган деп ыйлатты.

- Маратов, тур ордуңдан, - дегенде Мирлан өйдө болду.

- Эмне баккан апасы болсо айтса эмне болмок эле?

- Бул жакка чык, - деди мугалим ачуусу келе, - Сен эмне багып ал, - деп алып барып бердиң беле ыя?

- Жо-ок, айтып эле жүрүшпөйбү, - деп Мирлан мугалимди тоотпой сүйлөгөндө ал.

- Тартиби жок десе, касы ушакчы аялдан уктуң, бар азыр үйүңө бар дагы ата-энеңди ээрчитип кел! - деди эле кенебей:

- Менин ата-энемдин колу бош эмес, - деди.

- Директорго айтып сени окуудан чыгарыш керек.

- Сиз өзүңүз иштебей калбаңыз, - деп айтканда балдардын баары күлүп ийди эле мугалимдин ачуусу келгенинен кызарып-татарып класстан чыгып кетти, ал кайра директорду ээрчитип келди эле ал:

- Ок мурдуңду урайын десе, бейбаштык кылбай жүрбөйсүңбү, - деп Асанды көзүнүн төбөсү менен карады, - А сага эмне жок, урушса алар урушту, сен отура бербейсиңби?

- Агай, сиз тартипке балдарды сала албасаңыз бул мектепте окубайм, - деп Асан дагы сумкасын алып жөнөдү, - Сиздей мугалим башкарган мектептен жалаң гана бандалар чыгары белгилүү, - деп чыгып кетти.

- Опо-ой, мына бул чычым эмне дейт ыя, жүрөгүндө жалы бар го, мейли кетсе кетсин, - Мугалимге кайрылды, - Сабагыңызды уланта бериңиз, а бул балдардын ата-энеси менен чындап эле сүйлөшпөсө болбойт, - деди да класстан чыкты. Бул Салимбай Аруунов деген директор эле, Мирландын атасы ички иштер бөлүмүндө иштейт, аны менен дос эле. Ошондуктан Мирланга катуу айта алмак эмес. Мугалим Болотбек аябай таңгалды директоруна, Асанга ыраазы болуп анын ата-энесин көргүсү келди: "Жакшы тарбия алган бала менен тарбия

Көрбөгөн баланын айрымасы бар, эмнеге Аруунович Маратовго сүйлөй албайт, бир жакындыгы бар, же бир кызматта болсо керек, кошоматчылык кылганы го", - деп ойлонуп алды. Абдан ыза болгон эле, он эки, он үчтөгү бала чоң атасындай мугалимге каяша айтканы кандай осол, мындайда ал баладан жакшылыкты күтүү мүмкүн эмес эле. Асан үйүнө ыйлагысы келип калды:

- Асан, эмне болду уулум? - деп үйрүлө калды Гүласыл.

- Мен башка мектепке окуйм апа.

- Эмнеге, бирөө менен уруша кеттиңби?

- Жо-ок апа, мен урушчу белем Улукбекти ызалашты, ага болуштум.

- Эмне, - деп ызалайт аны? - Жүрөгү зырп эте калды.

- Баккан апаң өлдү деп, - Асан баарын айтып берди.

- Ага капаланбай эле кой, Улукбектин атасы ал директорду өз ордуна коюп коет уулум, атаң келсе кеңешебиз макулбу?

- Макул.

- Чечинип чайыңды иче гой.

- Аман уктап калды беле?

- Ооба, эртең менен эрте турган, ошого уктап калды, - Гүласыл өзүнүн ишине алаксып кетти, Асанга велосипед, ролик, дагы фудболный топтордун баарын алып берген, каалаганынын баарын аткарып жатышса дагы ичинен "өз" ата-энесин көп ойлоочу, бирок барган сайын алардын элесин унута баштап: "Апам мени эмнеге берип жиберди, эгерде атам болгондо бермек эмес, булар эмнеге бирөөнүн баласын алып алды", - деп ойлонуп жүргөн, бүгүн балдардын сөзүнөн кийин ого бетер чөктү: "Менин кандайча эгизим болушу мүмкүн, менин эгизим Апал го, бирок Улукбек экөөбүз абдан окшошпуз, көбү ошентип айтышат, эмне үчүн", - деген суроосуна өз жооп таба албады...

Улукбек үйүнө тултуя келди, апасы өлгөндөн кийин чоң атасыныкында болчу, ошол тушта Турдумамбет келип батага келгендер менен отурган:

- Ата, сиз менен сүйлөшсөм болобу? - деди акырын босогодон баш багып.

- Оо, менин уулум чоңоюп калыптыр го? - деп күлө сыртка чыкты Турдумамбет, - Кана сүйлө уулум.

- Бул жерден болбойт, сыртка чыгалычы.

- Ма-акул - макул, - Турдумамбет эшикке чыкты, Улукбек тамдын бурчун айланып барып берип карады:

- Сиз апамды төрөбөйт деп жаш аял алдыңызбы? - дегенде мындай сөздү күтпөгөн Турдумамбеттин оозуна сөз кирбей калды, - Мени апам төрөбөгөнү үчүн багып алган турбайбы, сиздин айыңыздан апам ыйлап жүрүп өлүп калды, эми мен апамсыз бул жерде тура албайм, сизге мен керек эместигимди билем, кош болуңуз! - деп тез-тез басып жөнөгөндө Турдумамбет:

- Уулум! - деди артынан, - Улук токточу, мен сени жакшы көрөм уулум!

- Жок, жакшы көрсөңүз апамды таштап кетпейт болчусуз! - деп дарбазага жеткенде Турдумамбет жүгүрүп жетип кармады да кучактап алып ыйлап солкулдап жатты:

- Кечир мени уулум, кечир мени, - деп ыйлап туруп Улукбекти алып келген кездерин, Зинакандын кубанып жалынып-жалбарганын эстеп солкулдап ыйлап турду, Улукбек ага мектептен укканын бүт айтып бергенде өкүндү.

- Мен апам үчүн өкүнөм, мени кыя албай жашоого тырышты, бирок ал сизди сүйчү, түнү-күнү мага көрсөтпөй ыйлаганын көргөнмүн, мен сизди кечире албайм! - деп бошонмок болду эле Турдумамбет аны кое бербеди.

Аңгыча апасы чыга калды.

- Туку, балам эмне болду? - деп жете келди Калийча.

- Ооба апа, уулум мени сагыныптыр, - деп Улукбекти колунан ала ата-энесинин бөлмөсүнө алып кирди, - Улукту эртең шаардагы эң жакшы гимназияга киргиземин, ал мектеп окубайт.

- Эмнеге ата, мен качкым келбейт, андан көрө директорго чалып айтып коюңуз, анан эч жакка кетпеңиз, апам жокто сиз жанымда болуңузчу.

- Болду балам, сенин жаныңда болом, - Турдумамбет Улукбекти кучактап алып бетинен, чекесинен өөп бооруна кысты, Зинакандын өлүмүнө өзү күнөөлүү экенин сезип башка сөз айта албады.

- Ата, менин досум Асанчы, Салия жеңемдин акеси Жапар куданын баласы, ошону дагы дайындап коюңузчу, ал ар дайым мага болушат, аны дагы уруша берет, - дегенде Турдумамбет Асанды угуп жүрөгү болк эте азыр басып кеткиси келди. Анткени алар ээрчишип келгенде анын Улукбекке коендой окшош экенин көргөн, ал тургай Зинаканга: "Жапардын баласы менен Улукбектин байланышы жок болду бекен", - деп сураганда ал: "Билбейм, ошондой болушу да мүмкүн, Жапар таштап кеткенде төрөптүр, Улукту эгиздин түгөйү деп айтышкан", - дегени кулагына угулуп: "Бооруна тартып жаткан жокпу, алар чынында эгиздер окшойт, Жапар билсе дагы тартынып айта албай жүргөн го", - деп ойлонуп калганда, - Ата, эмнеге унчукпайсыз? - деп сурады Улукбек такылдай.

- Аа-а уулум, ойлонуп кеткен турбайынбы, - деп өзүн кызыктай сезе баланын алдында өзүн алсыз сезип кетти, - Уулум, сени башка мектепке которбоюнбу?

- Жо-ок ата, Мирлан атасынын чоңдугуна мактанып чоң боло берет, менин атамдын дагы ким экенин билсин, мен андан коркуп качып кеткендей болом да.

- Болуптур уулум, айтканыңды орундатам, - Турдумамбет шашкалактап кетти, ал азыр Улукбек эмне десе даяр эле, - Эми чоң апаңдардын жанында бол балам, мен конокторго барайын, мындан ары сени менин унаам менен жеткирип турабыз ээ? - Башынан сылап төбөсүнөн жыттады, Улукбек башын ийкеп отуруп калды, эртеси аны өзү жеткирип коюп кетти, бирок Салимбай Арууновичке чалды эле ал лыпылдап тим эле атасына эркелеген баладай шыйпаңдап:

- Жарайт-жарайт Турдумамбет Качкыналиевич, ооба-ооба Улукбектин сиздин уулуңуз экенин билген жокпуз да, да-да-а ошондой болот, Эркинбековбу ма-акул-ма-акул, - деп телефонун койду. Азыраактан кийин Жапар келди Асанды ээрчитип:

- Салоом Алейкум агай.

- Келгиле, бул жигит сиздин уулуңузбу?

- Ооба, балдарга бир аз көңүл буруп коюңуздар, көзөмөлгө албасаңыздар балдар бири-бирине өчөшө беришет тура.

- Албетте, албетте биз көзөмөлгө алабыз, - Салимбай Аруунович Асанды бир карап алып: Качкыналиевичтин бул балага кандай катышы бар болду экен", - деп ойлоп ийди, - Эркинбековду эми эле Турдумамбет Качкыналиевич дагы дайындады эле, - дегенде Жапар.

- Аа-а, - деп койду, - Эмесе мен барайын уулум, - Жапар уулун өөп классына киргизди да үйүнө жөнөдү.

- Охо-о балдар карагылачы кимдердин келгенин, - деп Мирлан ордунан туруп партага жөлөнө алакан ча-ап каткырып жатты, - Келбейм дешпеди беле булар?

- Башка жакка албаса керек да.

- Коркоктор жаңы классташ күткөндөн коркту да, - дешип баары жабалактап жатканда Асан:

- Оозуңа карап сүйлө, биз сенден корккон жокпуз - деп тура калганда эшиктен Салимбай Аруунович кирип келди, Мирлан тоготпой партага жөлөнгөн бойдон турганда:

- Балдар Турдумамбетов менен Эркинбековго мындан ары бириңер тийишпей жүргүлө, булар баардык сабактан алдыда, тартиптүү дагы, андан көрө достошуп ынтымактуу болгула, - деди эле:

- Ыкы, ушулар менен сиз достоштурасызбы? - деди кыжынгандай Мирлан.

- Болду жетишет, Маратов жүрү мени менен.

- Мен бара албайм, атам менен сүйлөшүңүз.

- Эй бала, ушунча тартипсизсиңби, ансыз дагы атаң менен сөзсүз сүйлөшпөсө болбой калды, - деп ачуулана чыгып кетти да Марат Сулаймановго дароо телефон чалды, - Алоо Марат, бу-у Мирлан менен сүйлөшпөсөң болбойт, ал мени дагы балдардын көзүнчө уят кылды.

- Саке, бир баланын эркелиги бир мектепке сыйбай калдыбы, өзүң билесиң жалгыз балабыз да, - деди ары жактан досуна таарынгандай.

- Маке, аның го туура дечи, Турдумамбет Качкыналиевичтин баласы менен такыр ынтымакка келбей жатат.

- Кайсы, аа-а Качкыналиевичтин баласы сенде окуйбу?

- Ооба, мен анын баласы экенин билген эмесмин, бүгүн чалыптыр, өзүң түшүнчү мен ал кишинин сөзүн жерге таштай албайм, сени да сыйлайм, кыскасы-ы кеп мындай Мирланды алар менен достоштуруу керек.

- Туура, Мирланды телефонго чакырып койчу досум.

- Жарайт, - Салимбай отурган мугалимди жөнөттү, - Бешинчи "а" дагы Маратовду телефонго чакырып койчу.

- Макул агай, - деп жаш мугалим кыз чыгып кетип Мирланды ээрчитип келди.

- Атаң сүйлөшөм дейт, - Салимбай Мирланга трубканы берди.

- Угуп жатам ата.

- Уулум, сен жанагы балдар менен чатакташпай жүр, кечинде үйдөн сага түшүндүрөм жарайбы?

- Опять эму говоришь, - деп трубканы коюп койду да кабинеттен чыгып барып классынан тултуңдап чыгып кетти, Улукбек менен Асан бири-бирин карай көз кысып бармактарын көрсөтүп коюп отуруп калышты. Кечинде Марат үйүнө келип баласынын бөлмөсүнө кирди.

- Уулум, эмнеге сабактан кетип калдың?

- Окубайм!

- Мунуң болбойт уулум, жанагы сен айткан бала менин шефимдин баласы тура, эгерде ага жетсе билесиңби мени кызматтан алат, мен ага баш ийемин уулум.

- Эмнеге, андан коркосуңбу?

- Коркпойм, сыйлайм балам, сен тартиптүү болуп жүр жарайбы?

- Жарайт ата, бирок мага Улукбек менен Асан такыр жакпайт.

- Эмнеге, алар сага тийишеби?

- Мага тийишип эле көрсүнчү, - Мирлан корсое карады.

- Тентек десе, мени угуп апаң экөөбүздү сыйласаң ал балдар менен достошушуң керек, мен Качкыналиевичке мен дагы кыйытып айтып көрөм, - деди эле Мирлан атасын кабак түйө карады.

- Ата, менден алар менен достошконду суранба.

- Уулум атасын угат, апаң экөөбүзгө пирог жасап коюптур, жүрү кардым ачты тамактаналы, - деп колун сунду.

- Менин дагы кардым ачты, - деп атасына колун берди, ээрчише үстүңкү кабаттан түшүп келе жаткан ата баланы карап жылмайып алды Гүлмайрам.

- Оо мен кимдерди көрүп жатам ыя?

- Бизди да апасы, уулум экөөбүз сүйлөштүк.

- Эмне шефиңдин бакма баласына баламды басып бергени калдыңбы?

- Гүлүң, сен антип айтпа да, сен экөөбүз деле Мирлан болбогондо бирөөнү бакканга мажбур болмокпуз, сен түшүн да.

- Ой койчу, кайдагы бир таштанды баланы багып алып сага кыр көрсөтүп жатабы? - Гүлмайрам күйөөсүнө алая карады, - Мен баламды башка мектепке котором, - деп жебиреди Гүлмайрам.

- Сен баланы жакшы тарбияласаң боло, аны таштанды деп айтканыңды экинчи мен укпайын, - Марат аялына ачуулана карады, - Сенден бул кептерди уккан бала эмне болот ыя?

- Шефиңден сен корк, мен коркпойм, канча жылдан бери өйдөлөй албай бирөөгө баш ийип келе жатасың, качан бир адам болосуң ыя?

- Иш деген иш Гүлүң, мени жакында эле Качкыналиевич өзүнө чакырып бир кызматты айткан, эми балдардын урушунан улам көз карашын өзгөртпөсө болду, - Марат аялына көп нерселерди айтып акыры көндү, ал тургай алардын үйүнө барып балдарды достоштурмак болушту, Мирлан буга моюн толгоду, бирок аны дагы көндүрүштү. Эртеси мектепке барганда Мирлан Улукбек менен Асан жакты карабай эле кыздарды бутунан чалып, дептерин булгап, чачынан тартып ыйлатып жатканда мугалим кирди, бул адабият мугалими Зехра болчу.

- Саламатсыңарбы балдар?

- Саламатчылык, - дешти баары ордунан туруп, Мирлан отурган жеринен козголбоду.

- Маратов, сен эмне чоңоюп калдыңбы?

- Ооба эжей.

- Уятсыз, сени кандай ата-эне тарбиялап жатат?

- Атасы укук коргоочу да эжей, - деди бир кыз.

- Тийишпе атама, - Мирлан ал кызга муштумун түйдү, - Укук коргоочу эмес.

- Ошондой де, укук коргойбу, адам коргойбу бизге тийешеси жок, окуучу деген мугалимди сыйлашы керек, башканы сыйлабаганың өзүңдү сыйлабаганың, кана балдар биз кайсы темага келдик эле?

- Аалы Токомбаевге келгенбиз, - деди Улукбек.

- Узак жол повестин окуйбуз, - деди Асан.

- Азаматтар десе, мына окуучу деген ушундай болуу керек, - деген Зехра: "Бул экөө мынчалык эмнеге окшош, ата-жөнү башка, коендой окшош", - деп китепти караган бойдон ойлонуп калды.

- Эжей мен ал теманы айтып берейинби? - деди Улукбек.

- Кое тур, кана башка дагы ким айтып берет?

- Мен, - деди Асан.

- Мен, - деп бир кыз колун көтөрдү.

- Калганыңар окуп келген жоксуңарбы? - Класс ичи жым болуп калды.

- Окугандардан сурай бериңиз да, - деди Мирлан.

- Сен эмнеге мектепке келесиң Маратов?

- Окуп жатпайынбы?

- Чыгып кет сабактан!

- Чыкпайм, мени сиз чыгара албайсыз.

- Тарбиясыз десе, сен эмес ата-энең болсо керек, баласын ким менен кандай сүйлөшүштү үйрөтпөгөн.

- Ишиңиз болбосун.

- Токтот! - Зехранын ачуусу келип кетти, аңгыча чыгууга коңгуроо болуп калды, - Мен сени менен дагы сүйлөшөм, - деп китеп-дептерин жыйнап чыгып кетти.

- Мирлан, сен мугалимге андай сүйлөбө да, - деди Асан.

- Ишиң эмне, мага сен акыл үйрөтпө.

- Өзүңдү кыйынмын деп сезесиңби, ойлон досум, ата-энеңе сөз тийгизип атасың.

- Мен сага дос эмесмин.

- Мейли дос болбо, бирок классташпыз, - деди Улукбек, - Сен өзүңдү эмес ата-энеңди сыйлашың керек, ушунча окуучунун алдында аларга сөз тийгизип жатасың.

- Эй, мага акыл үйрөтпөгүлөчү, силер кимсиңер өзү? - Мирлан жини келе муштап жибермек болгондо Акылбек деген бала колун кармап калды:

- Жетишет, алар туура айтып жатат, бизди өстүрүп, алпештеген ата-энебизге эмнеге сөз тийгизишибиш керек, эсиңе кел Мирлан, акылсыздыктын чеги болуу керек.

- Ээй, сен эмне буларга кошулгуң келеби?

- Кошулгум келбейт, колдогум келет, булар жаман айткан жок.

- Туурабы, туура эмеспи мени кызыктырбайт.

- Анда өзүңө банда чогулт, - деп Алтынбек ары басып кетти.

- Жок балдар, - Асан аларды карады, калган окуучулар аларды жардана карап турушкан, - Биз бир класста болгондуктан бир атанын балдарындай болушубуз керек, Мирланды көрүп туруп басып кете албайбыз, анткени ата-энебиз менен мугалимдер бизден көптү күтүп жатышат, ошондуктан биз бирге болгонубуз, ынтымакка келгенибиз жакшы, бирибиз баарыбыз үчүн, баарыбыз бирөө үчүн! - деп Улукбектин колун өйдө көтөрдү.

- Мен кошулам, - деп Акылбек келип алардын колун кармады.

- Мен дагы, Арнис деген бала дагы келди.

- Мен дагы.

- Мен да.

- Мен дагы кубаттайм! - дешип балдар кыздардын баары колдорун бийик көтөрүп Улукбек менен Асанга кошулганда Арнис:

- Ата-энебизди уятка калтырбай турган адам болушубуз керек, ким ата-энесин сыйлабаса бизге кошулбай эле койсун, - деди.

- Ата-энебизди, мугалимдерди сыйлап уятка калтырбайбыз! - деп үндөрүн бийик чыгарып айтып жатканда аргасыз Мирлан дагы эң артында колун балдардын колуна алып барды:

- Мен дагы!

- Ур-ре-е! - дешип бири-бирине кучакташып жатканда кол эмгек агайы Дөөлөт кирип келди:

- Отургула балдар, кана тапшырманы ким аткарды?

- Мен агай, камчы жасап келүү болчу, - деди Асан колун көтөрө.

- Азамат, кана дагы ким жасап келди, баарыңар үстөлгө алып келип койгула, - деп мугалим айтканда беш-алты бала өздөрүнүн алы жетишинче жасаган камчысын үстөл үстүнө койду, - калганыңар эмнеге аткарбадыңар?

- Жасай албай койдум, - деди бири.

- Кана анда, булардын кимиси жакшы аракет кылды экен көрөлү, - Дөөлөт ар бир камчыны өзүнчө карап жатып, - Бул кимдики? - деди.

- Меники, - деди Асан.

- Өзүң жасадыңбы?

- Ооба, өзүм аракет кылдым, чоң атамдын камчысын көргөм да.

- Азамат-азамат, демек көргөнсүң?

- Ооба агай.

- Балдар, бул камча эмнеге керек экенин билесиңерби?

- Ооба, билебиз, - дешти баары тең.

- Жакшы-ы, анда булардын баасын эртең коемун, кийинки темага кайрылабыз, бүгүн улуттук ат жабдыгы ээр жөнүндө сөз кылабыз, анан силер ээрдин макетин жасап келесиңер жарайбы?

- Жарайт, - беш-алты баланын үнү чыкты, аңгыча коңгуроо кагылды эле мугалим кетип балдар топурап сыртты көздөй жөнөдү.

- Асан, мага ээр жасаганды үйрөтөсүңбү? - деп Улук.

- Болуптур, сен меникине кел, сөзсүз үйрөтөм.

- Сөзсүз барам.

- Балдар, мен дагы үйрөнсөм болобу? - деди баятан бери партасынан жылбай отурган Мирлан.

- Ээй, кантип болбосун? - деп Асан жадырай күлүп ордунан туруп ага жакын келди, - Кел үчөөлөп жасайбыз, мен силерге көрсөтөм.

- Болуптур балдар, мен силер менен болом, - деп Мирлан кубанып кетти.

- Сүйлөштүк, биз үчөөлөп жасайбыз, үчөө колдорун тийиштирип алды, чынында бул он эки, он үчтөрдөгү балдардын мынчалык акылдуу да анан калса өжөр болоору акылга сыйбагандык эле, Асан менен Улукбек абдан ынак болуп башка балдарга үлгү болуп окуунун алдыңкысынан эле. Бара-бара аларга бардыгы көнүп калды. Класс ичи мурдагыдан ынтымактуу болуп, мугалимдер киргенде тегиз туруп салам берип тапшырманы аткарып, бири билбегенин биринен сурап алышчу болду. Баягы керсейип кээр сүйлөгөн Мирлан элпек дагы тартиптүү, сабакты жакшы окуп мугалимдерге кичипейилдик менен сыйлап калган. Кол эмгек эртең кирет деген күнү Асандын үйүнө Улукбек, Мирлан болуп сабактан чыккандан кийин чогуу келишти. Үчөө чай ичип алып Асандын даярдап салган жыгачтары менен ээр жасоого киришишти.

- Биринчисин Мирлан алсын, - деди Асан.

- Ооба, биринчи Мирланга беребиз, - Улукбек коштоду.

- Андан кийин сен аласың, эң акыркысы меники болот, - деп күлүңдөдү Асан, аларды карап турган Гүласыл Улукбекти көрүп ичи элжиреп: "Кагылайындарым ай, силерди тагдыр минтип бөлбөгөндө бирге болмок элеңер кантейин, күнөө өзүмдө экенин тана албайм дечи, Асаным жашыраагында келип билинбей калды, эми Улукбегимди кандай болгондо балабыз экенин айтып кучагыбызга алаар экенбиз, ар дайым экөөнү эртең менен ойгонгондо бирге көрүп көзүм кубанса кана", - деп ойлонуп турганда Жапар келди.

- Гүлү, бул жерде эмне турасың?

- Тигилерди карасаң, - деди Гүласыл жооп ордуна, Жапар ары жакта үчөөнүн бирдеме жасап жатканын көрдү.

- Эмне кылып жатышат?

- Кол эмгекке бир нерсе жасашат экен.

- Аа-а, - деп койду Жапар.

- Байкадыңбы экөөнү?

- Кантип байкабайм, аларды көргөн сайын күнөөмдү сезип кыйналып келе жатам го Гүлү, кандай кылышты билбей өзүмдүн башым маң болуп турат.

- Аттиң, экөө тең ойноп жаныбызда турса кана, комуз чабылса кылы табылбай чертүүгө келбеген комуз сымал экөөбүз бири-бирине коендой окшош болсо дагы эки башка болуп аралары алыс, ал тургай бири-бирин билишпейт, - Гүласыл улутунуп алды.

- Кардын тойгуздуңбу алардын.

- Азыр чай ичишти, тамак да жасап жатам.

- Аман кайда жүрөт?

- Кыйрата тургансып ал деле ошолордун жанында, - Экөө сүйлөшүп ичкери киришти, Гүласыл тамагын даярдап алып келип балдарды чакырды, аларды киргизип ийип Асан ары кеткен.

- Ачан аке, - деп Аман Улукбекке карап нан сурады, - Нан жебейшишби?

- Менин атым Улукбек, - деди Улукбек күлүп.

- Жо-ок, чен Ачан акемчиң.

- Улукбек деп айтчы, Улук аке де.

- Чен менин Ачан акемчиң да.

- Аман, ал Улукбек аке болот, Асан азыр келет уулум.

- Ачан акемби, эчикте жүйөбү?

- Ооба, дегиче Асан кирди.

- Ачан аке, бул дагы Ачан акем бойот.

- Ал Улук аке болот, - Асан инисин көтөрүп өөп кайра түшүрдү, баары күлүп калышты, - балдар тамакка карагыла, эми эң акыркысын бүтсөк болот.

- Эмне иш кылып жатасыңар балдар? - Жапар үчөөнө карады.

- Ээрдин макетин ата.

- Ой азаматтар десе, окшото алдыңарбы анан?

- Асан бизге үйрөтүп жатат, - деди Улукбек, Мирлан үндөбөдү, ал негедир үй ээсине Асан менен Улукбектин аябай окшоштугун байкап: "Койчу, кайдагы бир таштанды баланы багып алып сага кыр көрсөтүп жатабы", - деген апасынын сөзүн эстеди: "Бул аял баласын таштабайт чыгаар, кантип эле ушулардын баласы болсун Улукбек, а эмнеге окшош, ал тургай иниси деле адашып Асан деди го, анда булар атайын берсе керек, баласы жок болсо сурап алса керек, өздөрү билет чыгар", - деп ойлонуп отурган.

- Мирлан, тамак ич, - деди Асан, Жапарлардын жашоосу деле жаман эмес болчу, Толкун аларга болгон малын сатып берген, эки кабат үй сатып алышкан. Дүйшөбай аларды өзүнүн балдары менен тааныштырып чогуу коноктогон, жамандык-жакшылык болсо дайым бирге болушат. Алар тамактанып отурганда Дүйшөбай менен Толкун келип калды.

- Келиңиздер-келиңиздер, - деп Жапар тура калды, алар келгенде Улукбек менен Мирлан сыртка чыгышты, Асан учурашып анан алардын артынан чыгып өз иштерине киришишти, үчөө үч макетти жасап кооздоп туруп анан Улукбек менен Мирлан үйлөрүнө жөнөштү. Турдумамбет баягыдан кийин үйгө келип калган, Улукбек келгенде үйдө болчу.

- Уулум кайда жүрөсүң, биз кабатыр болдук, - деди көрүп эле.

- Ата, муну караңызчы, кандай кооз бекен? - Улукбек колдун башындай кооз ээрди көрсөттү, - Кандай экен?

- Эң сонун, муну кайдан алдың?

- Асан жасаганды билет экен, анан ал Мирлан экөөбүзгө үйрөттү, - Анын Асан жөнүндө сүйлөгөнү Турдумамбетке жакпаса дагы арга жок жылмайды.

- Азамат, усталык колуңардан келет экен го?

- Ооба, колубуздан келет экен да ата, Асан камчыны дагы жасаптыр, мурун ал мектепке алып барганда кызыгып үйрөт десем макул болду.

- Жарайт, кардын ачкандыр, үйгө кирип тамагыңды ич.

- Кардым ток, Гүласыл эже тамак жасап берди.

- Ошондой де, - Турдумамбет ойлонуп сыртты көздөй жөнөдү, - Мен кеттим балам, сабагыңды окуй бер, - деп чыгып кетти, аны жаш аялы Гүлзаада күтүп жаткан, ал кош бойлуу, ата-энеси Зинакандын ашын бергенден кийин алып кел дешип токтотуп койгон. Ошондон бери үйүнө Улукбек үчүн эле келет: "Муну кара, бөрү баласы ит болбойт деген туура экен, Асанга бардым, Асан минтти деп эле турат, балким алар Асан аркылуу айтып түшүндүргүсү келип жүрсө керек, баланы азгыргысы бардыр, неге мен муну башында билбедим, болбосо алдырбай коймокмун, бизден алыстабай айланабызда болуп калганын, эгерде башка бирөө болгондо эмне кылат элем", - деп ойлонуп кетпи жатып үйүнө жеткенин билбей калды: "Атама кеңешип көрөйүн, Дастандар балким эбак билгендир, чоңое берсин деп жатышабы, жо-ок муну тез арада ары же бери кылуум керек", - деп жаш аялына кирип кетти: Дүйшөбай менен Толкун келип Жапардын үйү бака-шака, Толкун неберелерин алмак-салмак өөп эркелетип отурганда Дүйшөбай сыртка чыгып кеткен.

- Таене, мени бекер эле алып жүрүшөт, мен башка бирөөнүн баласымын да, апама Жапар атам окутам деп эле алып келген да, - деди Асан, Гүласыл менен Толкун бири-бирин карап сөз таппай кала беришти.

- Уулум, сен өзүбүздүн балабыз экениңди али түшүнө элексиңби? - деди Гүласыл.

- Түшүнгүм да келбейт, эмнеге мени атамдарга алып барбайсыңар?

- Алар башка жакка көчүп кетишиптир, Жапар Ошко барганда жолугам деп таппай калыптыр да, - Гүласыл Асанды түңүлсүн дегендей болду.

- Эмнеге кетишмек эле, мага жөн эле калп айтып жатасыз го?

- Жо-ок уулум, эмнеге калп айтмак элем?

- Ар дайым атам менен апамды, биздин үйүбүздү түшүмдө көрөмүн, алар мага такыр карашпайт, мен болсо ата, апа мен келдим десем көрбөгөндөй болуп отура беришет, - деп Асан кабак бүркөй отуруп калды.

- Кагылайын десе, сен өз ата-энеңдин колундасың балам, минтип айта бербе, чындыгын айтпай баланы кыйнаган тура, - Толкун Асанды кучактап өп өзүнө тартты, - Алар сени төрөлгөндө төрөтканадан алып кетип таппай жүрүп анан Жапар өзү таап келген да өз баласын ким берет бирөөгө, өз атасы экенин билип милицияга айтпа деп өзү салып берген да, кийин коркуп качып кетишиптир.

- Чын элеби таене?

- Садагаң болоюн десе, мен сага калп айтып жүрчү белем?

- Анда алар мени эмнеге уурдашты экен? - Асан апасынын үйүнө кирип кайра чыгып тынчы кетип кайра-кайра машинага барып сүйлөшкөнүн даана билбесе дагы эстеп алып таңгалды: "Чын эле, болбосо мени салып берип кала бермек эмес", - деп ойлонуп элес-булас өзүн машинага салып өзү жолдон түшүп калганы көз алдына келди. Андан кийин унчукпады, ойлонуп отуруп калды.

Дүйшөбайлар үч-төрт күн жүрүп калды, Асан ошол учурда катуу ойлонуп ооруп калды, анын мектепке келбей калганынан улам Улукбек менен классташтары келип анын ден-соолугун сурашты. Асан алар менен дагы жакшы сүйлөшпөй жатып алды, башка балдар кетип Улукбек кала берген, ошондо ал:

- Асан, мен сага бир сөз айтайын ишенесиңби? - деди акырын.

- Кандай сөз? - Бурулуп ага карады.

- Биз эгиз экенбиз.

- Ким...

- Сен экөөбүз, сени башка бирөө багып алыптыр, мени болсо атамдар.

- Чын элеби?

- Ооба, сен экөөбүз эгиз экенбиз.

- Ким айтты сага? - Үнүн көтөрө сурады.

- Чү-үш, акырын сүйлө, угуп калышат.

- Кимден уктуң дейм?

- Атам чоң атамдарга айтып жатканда угуп калдым.

- Кызык, биз бир тууганбызбы?

- Ооба, ошондой экен, бирок сен экөөбүз эчтеке билбегендей бололу, качан өздөрү айтканча атаңдар эгиз экениңди айтты беле?

- Мени жаңы алып келгенде айткан, аны эсимден чыгарып коюпмун, - деп Асан ага жылмая карап кучагын жайды, - Кел анда эми бир туугандай кучакташалы.

- Кел, - деп Улукбек дагы кучак жайып экөө кучакташып калды, - Мен сени биринчи көргөндө эле жакын экениңди билгенмин.

- Мен дагы сени көргөндө эле тартыла баштаганмын.

- Бир боорум.

- Түгөйүм.

- Бул сырды өздөрү ачмайынча билгизбейбиз.

- Эч качан билгизбейбиз, - деп кучакташып турганда Гүласыл кирип келе жатып токтоп туруп калды, аны байкаган Асан, - Мен эртең мектепке барамын, - деди үнүн чыгара, - Кое бер, апам келди, - деп кайра Улукбекке шыбыраганда ал аны кое берди, экөө Гүласылды карап калды, аларды саамга карап турган Гүласыл:

- Окшошкон жамандар десе, жүргүлө эми чай-пай ичкиле, - деди жылмая.

- Макул апа, таенемдер кетиштиби?

- Жок, конокко кетишти.

- Аа-а, - деп Гүласылдын артынан ашканага кирип тамак ичишти, бул ирээт Улукбек Гүласылды уурдана карап алып: "Менин апакем, балдарыңды неге ар жакка таратып жибердиңиз экен, Асан экөөбүз чогуу өскөнүбүздө кандай жакшы болмок, апам болсо өлдү, атам балалуу болсо менин аларга керегим да жок болуп калат, канткенде мен сенин мээримиңе бөлөнөм, кантип энелик жытыңды жыттайм", - деп кашыгын кармаган бойдон мелтиреп отуруп, көзүнөн жаш куюлуп кеткенин сезбей калды.

- Улук, эмне болду садага? - деп Гүласыл ага үйрүлө түштү.

- Апамды эстеп кеттим, - Улукбек жашын аарчып тамагына кашык салды.

- Уулум, - Гүласыл ага бир башкача мээрим менен карап жанына келди, - Сен капаланба садага, мен деле сенин апаңдаймын, келе гой, - деп бооруна кысып өзү дагы ыйлап жатты, - Сен апам жок деп кейибе садага, атаң бар...

- Апа-а! - Улукбек өңгүрөп ыйлап ийди, - Ата-а, мен апамды сагындым! - бекем кучактап алып солуктап жатты. Көпкө отуруп анан үйүнө кетти, ал дарбазадан кирип үйгө кирип келе жатканда Калыйпа:

- Көчүгү бөлөктү көктөсө болбойт деген ушу да чал, күндө ошол атасыныкына барып, кечинде келчү болду, курган балам бөрү баласы ит болбойт дегенди билбей аялынын тилин алып ушуну багып алды эле, - деп наалып жатыптыр.

- Болду оозуңа келгенди оттобой, бакса бакты да, балада эмне күнөө, тиги Жапар аялы экөө азгырып жаткандыр, - деди Качкыналы кемпирин тыя.

- Кана анан, кеткен бойдон жок, бөтөгөсү бөлүнүп арамдыгы билинип жатпайбы?

- Бала угуп калса көөнүнө кетет.

- Билет желмогуздай эле, эптеп белен аш белен кийим менен чоңоюп алсын деп тим коюшкандыр, өздөрү эле ашып ташып жатат дейсиңби?

- Жапар жакшы жигит, жашчылыкта кимдер жаңылбайт, көп эле балага сүйлөгөн сөзүңдү угуза бербе, такыр ирээнжип калбасын.

- Эк, ирээнжисе кетээр да чал, балам өзү балалуу болуп алса жетет, өзүнө жетеби өзгөнүкүнө жалынып жалбарганча, - дегенде Улукбек чоң там жакка кирип алып ыйлап жатты: "Мен ашыкча болуп калдым, эгерде бир аз эле чоңураак болгонумда эч кимисине барбай баш оогон жака кетип калмакмын, азыр менин үйдөн качканым болбойт, кандай нерсеге туш келип калам ким билет, андан көрө өз ата-энем менин бар экенимди билеби жокпу, ошону күтүшүм керек", - деп ойлонуп диванда жатып уктап калды. Кеч келип Турдумамбет дароо эле Улукбекти сурады:

- Улук кайда апа?

- Ал келген жок.

- Эмнеге, кайда жүрөт анда?

- Ким билсин, күндө кечирээк келип жаткан, бүгүн жок.

- Кайда болушу мүмкүн, эмне болду экен? - деп чоң тамга кирип жарыкты күйгүзүп Зинакан экөөнүн бөлмөсүн карай бара жатып Улуктун бүрүшүп уктап жатканын көрүп жүрөгү зыркырап кетти, анын колунда Зинакандын сүрөтү бар болчу.

Турдумамбет үстүнө одеал жаап коюп сыртка чыкты, ата-энесине келди:

- Тамагыңды ич балам, - деди Калыйпа.

- Апа, Улук качан эле келген турбайбы.

- Апей ботом качан келиптир?

- билбейм, уктап калыптыр, ойготкон жокмун, - деп кабагын сала отуруп калды, Качкыналы кемпирин көзү менен ата карады: "Сенин какшаган сөзүңдү укса керек, баланын жүрөгүн ооруткан экенсиң", - деген көз караш эле ал.

- Капырай, эмнеге биякка келбеди анан?

- Билбейм, - деп Турдумамбет кыска жооп берди: "Кандай болгон күндө да бала эмеспи, анда эмне күнөө, апасына жакын эле, сагынган экен, эртең дем алышта аны бейитке алып барып келейинчи, жанында болуп көңүлүн көтөрөйүн", - деп ойлонуп жатты.

- Кетесиңби балам? - деди Качкыналы.

- Жок ата, Улуктун жанында болоюн.

- Ошент, бала баары бир бала болот, өзү чөгүп жүрөт.

- Тиги куда сөрөй бирдеме деп айта берет окшойт? - деди Калыйпа.

- Койчу апа, алардын күнөөсү баланы жаратып койгону, эгерде алар бирдеме десе Улук мага айтмак, менден эчтеке жашырбайт, - деп өйдө болду Турдумамбет, - Тамак куюп бериңиз, Улук ачка чыгаар...

- Мейли балам, ойгонсо ичип алсын, - деп Калыйпа баласына сөзү жакпай калганын билип бөйпөңдөй идишке тамак чай, нан салып берди эле ал көтөрүп чыгып кетти.

- Ай ушу сен жакшы аял болсоң Улукту бооруна тартат элең, кайдагыны сүйлөй берип бала угуп калып кирбей койсо керек, - деп Качкыналы наалып калды.

- Ооба, качан мен жакшы болчу элем, кырк жыл бою оозуңдан жакшы сөздү укпадым го, балдарыңдан бетер көрүнгөн катындардын эшигин сагаалап жүрүп канча балаң чоңоюп жатканын билем, сага окшогондордун күнөөсү ошол!

- Ай кемпир, болбогонду сүйлөбөй төшөк салчы.

- Салып ал, белим ооруп жатат, карыганда казан кармап куурадым.

- Өзүңдөн көр, келиндер ыймандуу эле, кылганын жактырбай сүйлөнө берсең келеби сага, - деп кемпиринин кемчилигин айтканда ал тыбыраңдап урушуп кирди:

- Бармактайымда келдим, өкмөттүн жумшаган жагына барам деп алты айлап келип келбей жүрчү элең го, сага чыдаган мага өмүр бою ыраазы болоор түрүң жок го? - деп мурдун чүйрүп отуруп калды. Чынында аялдардын дагы ар кандайы болот эмеспи: "Канча ылайык аялды кулга кошуп, кулга ылайык аялды бекке кошуп", - калыс жашоого түрткү берген да алланын өзү эмеспи. Илгертен эле: "Эки жакшы кошулбайт, кошулса бир жеринен кем болот", - деген сөз бар, эрди аялдын экөөбү тең акылдуу болуп төрт тарабы төп келген жарлардын баладан жолу болбой же турмуш болбой, турмушу болуп, бала чакалуу болсо биринин өмүрү кыска болот экен. Анын сыңары Калыйпа дагы сөздү ылгабай сүйлөп, күйөөсүн кезинде кулак мээсин койбой ар кайсы аялга жабыштырып, өкүрүп өксөп ыйлап жинин келтирчү. Бир-эки жолу ажырашмак болду, партиялык кызматтарда иштегендиктен, улам удаа-удаа уул-кыз төрөп койгондуктан унчукпай калган. Качкыналы бир айткан сөзүнө турган, бакылдап чынчыл, калыс адам, аз сүйлөп көп уккан чыныгы мырза эле, бирок анын тагдыры түбөлүк ушул аялга байланган экен кырк беш жылдан бери жашап келе жатат. Кийинки күндөрдө теңелбей деле калган, карылык алкымдан алып бир буту көргө аттанчудай болуп калганда оосар сөздү аңдабай сүйлөгөн аялынын эмнесине теригет да теңелет: "Жаман менен жашаганча түбөлүк, жакшы менен калган жакшы бир өлүп", - деген экен бирөө, анын сыңары Качкыналы да бир келин менен жүрдү, Сурмакан сурайылдай суйкайган сулуу келин болчу. Күйөөсү өлгөндөн кийин ата-энесинин колунда жүргөндө ага бир досунун аялы аркылуу таанышып калган. Экөө кийин абдан ысык болуп Качкыналы аны жан дили менен сүйдү, кааласа командировкага кетсе ала кетчү. Кийин Сурмакандын боюна болуп калып эптеп төрөдү, аны Качкыналы кызматынан коркуп өзүнө жаздыра албады.

- Каке, мен сени түшүнөм, бирок сенден кантип ажырайм? - деп көзүнүн жашын көл кылып турду Сурмакан.

- Мен дагы сенден ажырагым келбей араң турам Сурма, кызмат деген кызмат экен жаным, сен үчүн кайрылып бир келем, - деп кучактап турганы азыр дагы көз алдына келип жүрөгү зырп этип алат. Кийин Сурмаканга жолукканы барса атасы аны күйөөгө берип коюп баласын алып калыптыр. Ошентип Сурмаканга жолуга албай кайра келе берген. Ошондон он жыл өткөндөн кийин анын кабинетине он-он бир жаштагы бала кирип кат берип карап турду, катта мындай деп жазылган эле: "Каке, саламатсыңбы? Менин сага кайрылып турганымдын себеби, уулубуз Нурканды сага тапшырайын дегеним, ата-энем дүйнөдөн өткөндөн кийин агамдардын колуна батпай калды, өзүм алып кетсем күйөөм жактырбай колу дагы тийди. Аманатыңды кайрууга аргасызмын Каке, экөөбүздүн жалындаган сүйүүбүздөн жаралган балабызды мен коргой албадым. Аттиң сен кандай ойлоп, жашап жүрөсүң билбейм, сенсиз мен тирүүнүн өлүгүмүн, кыбырап бир жан жүрөт, деним соо, жүрөгүм оору Каке! Кантейин тагдырым сени мага кездештирип кайра татаал жолдо айрылыштык, балким эми акыретте жолугушаарбыз. Нурканды сага, сени кудайга тапшырдым, кош аман бол ардагым. Сени сүйүп бир өмүрүн гүлдөткөн, айрылышып армандуу бир жаш төккөн Сурмакан. 1970-жыл.19.08", - деп жазганын окуп дароо эле баланы карады:

- Атың Нурканбы?

- Ооба.

- Канчадасың уулум?

- Сиз деле билесиз го дейм, - деп тикирейип караганда Качкыналы көзүн ала качып ордунан туруп жанына келди:

- Өзүң келдиңби?

- Апам салып ийген.

- Эмесе сыртта отуруп тур, азыр чыгам, - деп Качкыналы телефондун кулагын бурады, - Ало досум менин зарыл ишим чыгып калды, сага жолугуп кеңешүүм керек, ооба-ооба, сени түшүнөт деп турам, кыйын абалда калдым, эмесе калганын жолукканча... - деп трубканы коюп кийинип сыртка чыкты. Ошол күнү аны досунукуна алып барды, үч-төрт күндөн кийин бир сыйрасын кийгизип анан үйүнө алып келди. Калыйпа аны көрүп эле:

- Бул кимдин баласы? - деди акырая карап, - Эркек күкүкчө акырларда калган балдарыңды чогулта баштадыңбы?

- Оосар сүйлөбө, бул менин бир жакын тууганымдын баласы, ата-энеси өлгөндөн кийин кор болуп кетиптир, мен колума алып баарын өз мойнума алмак болдум.

- Өзүңдү-өзүң билесиз да, - деп кирип кеткен, Нуркан ошондон бери Качкыналынын кароосунда, Турдумамбет, Шүкүрмамбеттен кичүү, азыр анын дагы үй-бүлөөсү бар, кийин өзүнө жаздырып койгон, бирге аралашып өскөнгө балдары аны күнүлөбөйт, бир туугандай качан болсо араларына ала жүрөт, Калыйпа ага көнүп бүткөн. Качкыналы ушуларды ойлонуп жатып: "Аттиң, кайран жаштык ай, Сурманы эми бир жолугуп баягы жоодураган көздөрүн көрсөм, жок дегенде жанында отуруп өткөндү эстеп алсак кана арман", - деп оор күрсүнө жатып калды. Калыйпа кыялы кармап жатып жини таркаганда орун салды. Турдумамбет кирип Улукбекти ойготту, ал көзүн ушалап ачып:

- Ата, качан келдиң? - деди.

- Качан эле келгенмин, эмнеге биякка кирип алдың?

- Апамды сагындым.

- Уулум, эртең сени бейитке алып барып андан кийин ойнотуп келейин ээ?

- Апама барабызбы?

- Ооба, куран окуп кайтабыз.

- Жакшы болбодубу, өзүм барсам таппайм деп жүрдүм эле, - Кубана атасын кучактап бетинен өптү, - Кийин мени таштап кетпейсизби?

- Эмнеге антесиң уулум?

- Сиз балалуу болосуз да, анан карабай койсоңузчу?

- Антип ойлочу болбо, сен менин баламсың, балам бойдон каласың.

- Ата, чын айтасызбы? - деп кучактап калды.

- Эми тамагыңды ичип ал муздай электе, анан экөөбүз апаңдын бөлмөсүнө жатабыз, макулбу уулум?

- Чын элеби, бүгүн мени менен каласызбы? - деп Улукбек кубанып сыртка чыгып бара жатып табакка алып келип койгон тамак менен чайды көрүп, - Сиз алып келдиңизби ата? - деди кайрылып.

- Ооба, атамдарга көрүнбөпсүң, алар сени келбеди деп отурушуптур, - дегенде ал күндүзгү уккандарын эстеп тамакты ичкиси келбей туруп: "Атамдын көңүлүн калтырганым болбойт, мага атамдын мамилеси өзгөргөн жок го", - деп ойлонуп отуруп тамакты ичип анан Зинакандын бөлмөсүнө Турдумамбет аны жанына алып жатып чачынан сылап ойго батып жатып калды, Улукбек болсо: "Кандай жакшы, ушул бойдон атамдын жанына жата берсем, башка эмес өзүмдүн атам болгондо кандай сонун болот эле, ушинтип жатып эле өз баласы болуп калсам", - деп атасын бекем кучактап жатып уктап кетти. Эртеси Турдумамбет Улукбекти өзү кийинтип алып унаасына салып алды да бейитке барды, ага куран окуп андан кийин паркка алып барып балмуздак алып берип, каруселге түшүрүп, оюн ойнотуп түш оогондо гана үйгө келишти, ал бул жолу Улукбекти Гүлзадага алып барды..

- Каякка бардыңар? - деди жаш аялы Гүлзада.

- Уулум экөөбүз сейилдеп келдик, кана силерди тааныштырып коеюн, бул менин уулум Улукбек, - деди Турдумамбет, - А бул болсо сенин...

- Билем ата, - деди Улукбек, - Баары бир мага апамдай болбойт да.

- Улук.

- Ата, кечириңизчи.

- Улук, уулум менин, сенин эч кандай күнөөң жок садага, күнөө менде, бирок Гүлзада сенин апаң болот уулум.

- Ата, мени үйгө жеткириңизчи.

- Тамактаналы уулум, Гүлзада апаң...

- Турдумамбет...

- Аа-а мейли-мейли, экөөңө тең жакпады менин сөзүм, - Турдумамбет кайсактай Улукбекти карады, - Эмне дедиң эле уулум?

- Мен үйгө барам.

- Болуптур анда, кеттик уулум, Гуля мен анан келем, - деди да Улукбекти жетелеп үйдөн чыгып бара жатканда Улукбек артын карап экинчи кабаттан Гүлзаданы көрүп кайра жөнөп бара жатты. Гүлзада аны ушунчалык жек көрүү менен карап турган.

- Ата, мени таксиге салып жибериңизчи, - деди анан.

- Эмнеге уулум?

- Сиз бул жерде калыңыз.

- Эмнеге?

- Гүлзада эже мени жаман көрүп калды.

- Андай эмес, ал сени жаман көрбөйт уулум, ал төрөгөнчө бир аз ошондой кыял күтөт экен, анан ал жакшы эле...

- Ата, сиз кыйналбай эле коюңуз, мени салып ийиңиз.

- Болбойт, өзүм жеткирем, сен менин баардыгымсың балам, - деп Турдумамбет ойлуу унаасына отургузуп алып айдап жөнөдү, жолдон бир кафеге киргизип тамак алып берди, андан соң үйүнө алып келди. Калыйпа аларды көрүп:

- Каякка кетип калдыңар ботом, силерди таппай калдык, - деди.

- Уулум экөөбүз көңүл көтөрүп келдик апа, - деди Турдумамбет, Улукбек кийимин чечингени чоң үйгө кирип кетти.

- Балам аа-ай, бөрү баласы ит болбойт деген, анчалык эле эркелете бербечи, бир күнү басып кетсе өзүңдүн жүрөгүң ооруйт, ушундайда өзүңдөн четтетип сал да балам, баккан бала кимге жакшылык кылыптыр, - деп дагы канча сөз айтат эле:

- Апа, баланы андай деп айтпа, Улук менин жанымдын жартысы, ал үчүн мен баарына даярмын, экинчи мындай сөз айтпа апа, - деп Турдумамбет апасына нааразы болуп Улукбектин артынан кирип кетти.

- Кудай урган, карыганда балдарга жаман көрүнбөй жүр дебедим беле? - деди Качкыналы.

- Ооба, балаңа жамандык каалап жатам дейсиңби, бирөөнүн баласына жалдыраба дегеним эле, - деп түйрүңдөй карады, - Өзүнүн баласын жыттап мен дагы көңүлүм тынсынбы?

- Оо курган кемпи-ир, көзүн ача элек күчүктүн бөлтүрүгүндөй кезинде багып, ал дагы балага боор басып калган да, эми аны сен ажырата албайсың.

- Белен оокат, бекер жашоодо алчактап чоңоюп алса кийин бирөө ээ болуп калат көрөсүң го, ошондо балаңдын сай сөөгү сыздап турса кантип чыдайсың?

- Ушул балдар сай-сөөгү сыздаганын бизге айтмак беле?

- Көрүнөт, билинет чал.

- Ошентсе деле эчтеке дебе, Улукбек жакшы адам болот, балапанында мизин кайтарып катуу айтканың эсинде калса өмүр бою баланын сезиминде кара сызык калат, - деп Качкыналы кемпирине толгон акыл-насаатын айтты:

- Ооба, Нурканды деле агамдын, тагамдын баласы деп жүрүп эле өзүңдүкү болуп калды го, ошондогу жүрөгүмдүн сыздаганын сага кантип жеткире алдым.

- Аттиң, ар бир пенденин жүрөгү бар, бирок ар бири эле башканын да өзүнүкүндөй жүрөгү бар экенин сезбейт го, Нуркан менин жаңылыштыгым, катам болду, бирок андан зыян көрдүкпү, экөөбүздү тең сыйлап турат.

- Сыйлайт да, аны сен окуттуң, чокутуп адам кылдың.

- Болуптур эми, сага өмүр бою түшүндүрөм деп картайдым, - Качкыналы үйгө кирип жаңы кийимдерин кийинип кайра чыкты.

- Эми сен каякка? - Калыйпа чалын акырая карады.

- Нуркандыкына барам.

- Эмне, сагынып кеттиңби?

- Ооба, неберелеримди көрүп келейин.

- Сени ойлонуп өзү келсе эмне болот эле?

- Жумуштан бошобойт да, мен аны түшүнөм да, кой бүгүн барып келейин, - деп чыгып бара жатты.

- Ооба, бара бер, менден баарыңар тажап калдыңар го? - деп Калыйпа кала берди, ал ушул жашында абдан таарынчаак эле, балдарына деле таарына берет, эми чалынын жашырып жүрүп ачыкка чыгарган баласына барам деп кеткени аны жөн эле күйгүзүп жаткан эле, - Тим эле күйүп кеткенин, өз балдары турса кайдагы бир немени балам деп телинтип ушунуку өттү, - деп отуруп калды. Турдумамбет Улукбекти жайгарып коюп анан кеткен, анын кеткенин ал көрбөдү, ал кетээри менен Улукбек кийинип алып Асанга жөнөдү.

Асан Улукбекти көрүп аябай кубанып кетти, алар кучакташып учурашып жатканда Жапар үйдөн чыгып келе жаткан эле, карап делдээ босогодо туруп калды эле Гүласыл чыга калып:

- Бул жерде эмнеге туруп калдың? - деди.

- Гүлү, тигилерди карасаң, - деп жаңдай көрсөттү.

- Ии-ий садага болоюндарым десе, карасаң тим эле окшошуп турганын, - деп ичи элжирей карап туруп көзүнөн тамчы жаш мөлт этти, - Ушуларды бөлүп койдук Жапар.

- Аларды тагдыр бөлгөн, бирок кудай аларды көз алдыбызда кошуп жатпайбы, карачы куду бири-бирин билгендей турганын көрдүңбү, экөө аябай ынак болуп кетти.

- Асан мектепке баргандан эле Улукбекти жакшы көрөт.

- Ыраспы жаным?

- Ооба, айтып берген сайын жүрөгүн сыздап угуп жүрбөдүм беле?

- Жаным, баары артта калды, мына балдарыбыз аман соо маңдайыбызда турат, эми Улукту деле кучагыбызга алаар күн алдыда, кудайдан ошону күтүп, тилеп туралы, аа- баса атам келсин деп айттырып жибериптир, барып келелиби?

- Качан?

- Бүгүн барыш керек.

- Келе албай калсак Асан окуусунан калат да.

- Келип калабыз.

- Улукчу, аны кет деп кантип айтабыз? - деп экөө сүйлөшүп турганда Улукбек менен Асан аларды көздөй басып келип Улукбек каадалуу кишидей салам айтты.

- Ассалоом Алейкум Жапар куда.

- Аа-а кандай Улук, окуулар жакшыбы?

- Баары жакшы, жакшысызбы эже? - деп Гүласылга карады.

- Жакшы садага, өзүң кандай жүрөсүң, эми көнүп калдыңбы?

- Ооба, бүгүн атам экөөбүз апамдын бейитине барып келдик.

- Жакшы болгон тура, топурак суутат деген эмеспи, киргиле үйгө, - деп босогодон тура беришти, Улукбек экөөнү уурдана карап коюп: "Булар деле билишсе керек, атамдан тартынып айтпайт окшойт, чоң энем эмнеге алар азгырып жатат дейт, булар мага бир эле жолу балам болосуң, Асан экөөңөр эгизсиңер", - деп айткан болсочу, анда мен эмне кылат элем, чоң энемдин айткандарын айтып буларга ооп кетет белем, жо-ок атамды таштап кете албайм", - деп ойлонуп отуруп чай ичип сыртка чыгышты.

- Асан, менде бир ой бар, - деди Улукбек.

- Кандай ой?

- Сен менин кийимимди кийип алып менин үйүмө барасың.

- Анан?

- Мен бул жерде калам, мен сенден жыйырма мүнөт улуу болгондуктан сен мени угушуң керек.

- Мен эмне кылам анан?

- Жөн эле, - деп Улукбек үйдүн бөлмөлөрүн чийип берди, - Атам келгенде мен айткандай кыласың.

- Оо кантип ыя, билип калышсачы?

- Билбейт, бир оюн коюп көрөлү.

- Жарайт, сен айткандай болсун, - Экөө алакандарын тийгизе күлүп калышты, аздан соң кийим алмаштырып алып короодон чыгып кетишти. Бир кезде Улукбек кайра келди.

- Асан, Улукбек кеттиби балам? - деди Жапар.

- Ооба, кетти ата.

- Мейли, ичкери кирип кийинип чык, чоң атаңдыкына барабыз.

- Макул, - Улукбек Асан чийип берген боюнча анын бөлмөсүнө кирди да жаңы кийимдерин кийип чыгып, - Даярмын ата, - деди, Жапар аны бир карап алып: "Асандын чачы мындай эмес эле, же атайлап оңдотуп алганбы", - деп карап калганда, - Эмне болду сизге? - Улукбек сыр билгизбей сурады.

- Эчтеке, чачыңды Улукбектикине окшоштуруп алгансыңбы?

- Аа-а ооба, жана барып жасатып келдим.

- Ошондой, - деп унаасына отурду, Гүласыл уулун алып артына отуруп Улукбек Жапардын жанына отурду. Алар күүгүмдө келишип бир туугандары чогулуп калышыптыр. Анткени Эркинбек катуу ооруп жаткан экен. Салия деген күйөөсү эки баласы менен келиптир. Түнү бою айылдык оорукананын врачын алып келип көрсөтүшүп шаарга алып кетмек болуп кеңешишти. Улукбекти чоң энеси Асан деп өөп:

- Садагаң болоюн десе, атаңдан коркконумдан учураша албадым, окууң жакшыбы? - деди эркелете.

- Баары жакшы чоң апа.

- Садагаң кетейин, аман болсоңор болду, - деп келини Жамал аларга дасторкон салып чай-тамагын берип жатты.

- Асан, сенин тайың чоңоюп калды, жазда каникулда келип үйрөт, - деди Сапар.

- Макул аке, - деп Улукбек кысынып туруп айтты, Асан айткандай боло албады, анткени көнө албай жатты, алар таңга маал оорулуу Эркинбекти алып шаарга жөнөштү.

Асан дарбазадан кирип чоочуркай эки жагын карап турганда Калыйпа чыга калып:

- Ал жерде эмне турасың ботом? - деди.

- Жөн эле, - деп башын кашый аны көздөй басты.

- Деги үйгө жолой турган күнүң барбы ыя?

- Келбедимби чоң эне.

- Тооба-тооба, бир сөздөн кур калышпайт, - деп ичкери кирип бара жатып, - Колу бетиңди жууп кел, тамак даяр деди.

- Макул, - Асан суу жакка басып жуунуп кайра келе жатып:

- Деги бирөөнүн баласына күнүң түшпөсүн да, байкуш балам аргасыз ушуга жалдырап жүрүп өтмөк экен, эми ошонун балдары көрүнсө ага алаксып калат беле? - деген Калыйпанын сөзүн угуп токтой калды.

- Жөн эми, бала угуп калат, - деди Качкыналы.

- Эк, укса ата-энеси турбайбы, кетет да.

- Карыганыңды билбейсиң, балдарды тынч кой деп айттым эле го?

- Тынчый албайм, уулумдун аялы үйгө келгенче муну кетириш керек.

- Ойлонуп сүйлө Калыйпа, бөөдө баланы да, балдарыңды да ирээнжитип аласың.

- Ой ушул баланын айынан Зинакан бечара өлдү, өлөөрдө дагы катуу дайындаган эмеспи сага? - деди Качкыналы ачуулу, - Арбактын аманатына сөз тийгизбе!

- Эмне кылып жатам, балама боорум ооруйт, он жылдап анын көзүн карабай эле эчак башка аял алып алса бакыр-чакар болуп бирөөнүн баласына көз каранды болмок эмес! - дегенин угуп Асан ары басып кетти: "Байкуш Улук, ушуларды угуп туруп кантип чыдап жүрөт, мен эбак басып кетмекмин", - деп жер тепкилеп ойлонуп турганда эшикке машина токтоп аздан кийин Турдумамбет кирди, ал олбурлуу, кабагы бийик, кара каштуу сүрдүү адам, Асан делдээ карап туруп калды.

- Уулум, эмнеге эшиктесиң? - деди кирип келип эле.

- Жөн эле, - деген Асандын бүткөн бою титирей түштү: "Билип койсочу", - деген ой аны жүрөксүтүп турган эле.

- Атаңдар үйдөбү?

- Ооба...

- Мен сени ойлонуп кайра келбедимби.

- Эмнеге?

- Гүлзаданын "капризный" кыялы кармап, - Турдумамбет Асандын желкесине колуе кое чоң кишидей басып жөнөдү, - Үйгө кирели.

- Балам, эмнеге кайра келдиң? - деди чыга калган Калыйпа.

- Жөн эле апа, чарчадым...

- Чарчабай анан, тиги Нуркандар келин алат имиш, сага айттыбы? - деди үйгө алардын артынан кирип келе жатып.

- Айткан апа, барабыз да барбай коймок белек?

- Биз эртең эртерээк барабыз го, атаңа мурдараак келгиле дептир.

- Барышыңар керек, сиздер менен биз барбасак ким барат?

- Ооба, барбай анан, - деп дагы бирдеме демек болуп келе жатып, токтоп калды, анткени Турдумамбетке сөзү жакпай калса эле катуу айтып коерун билет.

- Ата, Улукту сүйлөшөйүн дедим эле.

- Кандай...

- Мен Улукту алып кетейин.

- Каякка? - деди Калыйпа чоочуй.

- Гүлзада биякта боло берсин дейт.

- Балам ай, азыр биякта эле болсун, күздө ашын бергенден кийин аны да алып келесиң да, окуусуна да жакын, - деди Качкыналы.

- Улук сен мени менен кетесиңби? - дегенде Асандын көзү токтоп калды, эмне деп айтаарын билбей турду, анысын Турдумамбет башкача түшүнүп: "Бул бир эле көрүп көңүлү калды окшойт, азыр кыйнабай эле коеюн, дагы сүйлөшөөрбүз", - деп ойлонуп, - Анда биз жаталы ата, - деди.

- Ботом тамак ичпейсиңби, Улук дагы эчтеке иче элек, азыр келди.

- Каяктан? - деди Турдумамбет.

- Мен... мен Асанга барып экөөбүз ойноп келдик.

- Аа-а мейли, - деп Турдумамбет дагы ойлонуп калды: "Мен муну алардан алыс алып кетүүм керек окшойт, неге ага өтө жакын, же алар ата-энеси, эгизи экенин айтып мага билгизбей жүрөт болду бекен", - деп Улукбекти күндөн-күнгө алардан кызганып бара жатканын сезди. Гүлзада менен дагы ушул жөнүндө айтыша кетип баса берген болчу. Баягыдан кийин өзү эле Улукбекти өзүнүн баласындай көрүп аны Жапардан, башкалардан кызганчу болгон, анын атасы чынында эле Жапар экенин деле ачык билбейт. Бирок бир жакка кетсе дагы Улукбекти кимдир бирөө алып кетип кала тургансычу болгон: "Эми бакма экенин өзү да билет, ата-энең биз десе кетип калабы? - деп күдүктөнчү болгон. Бул коркунучтуу сезимдин аягы качан бүтөөрү белгисиз болчу. Асанды ээрчитип өзүнүн бөлмөсүнө кирди, спальный жыйналуу бойдон болчу, аста чыгып бир четине жатып алды. Асан эмне кылаарын билбей Улукбектин айтканын эстеди: "Мени бир гана атамдын мээрими кармап тура, азыр дайыма менин жаныма жатат, мен аны кучактап алам", - дегенин эстеп аргасыз ал дагы дивандын бир четине жатты.

- Ата.

- Оов.

- Чоң энем эмнеге мени жаман көрөт? - деди Асан атайын.

- Бирдеме дедиби?

- Бирөөнүн баласына жалдырап жүрөт, андан көрө өз баласын күтпөйбү деди.

- Айта берет, ага көңүл бурба, кары киши сүйлөй берет уулум.

- Сизди жакшы көрөм ата, - Асан коомай кучактады.

- Мен дагы уулум, Гүлзала төрөсө дагы сен менин чоң уулум, ал сенин иниң болот балам, эч күмөн санаба, - деп жыттап койду, ошол кезде анын чачынан бир башкача жыт келди, - Чачың эмне жыттанып калган?

- Шампун менен жууганмын.

- Ообо-о, менин уулум чоңоюп калган го? - деп бери карады, көздөрүнө тигилип туруп, - Уулум, сенин жытың башкача го? - деди таңгала, көрсө адамдардын ар биринде өзүнө гана тиешелүү жыты болот экен. Асан өзүн тартып алды:

- Жана Асан экөөбүз бир иш кылганбыз, ошондон го ата...

- Эмне иш кылдыңар эле?

- Жапар кудалар бука дагы багышат экен...

- Аа-а, ошондой жуунуп албайт белең?

- Жуунганга жетишпедим.

- Мейли, уктай гой уулум, - деп Турдумамбет аны кучактап алып көзүн жумду: "Кызык, мен муну кичинесинде такыр билбептирмин, жакындан бери гана көңүлүмдү буруп калганга сүйүүмдү жалаң ушуга тартылдым да калдым, жытына дагы көнүп калыпмын, неге бүгүн мунун башкача болуп турганы таң калтырды", - деп ойлоп жатып уктап калды. Эртеси Турдумамбет туруп бара жатып уктап жаткан Асанды эңкейип өпмөк болуп бара жатып кайра бурулуп чыгып кетти. Ал ойгонуп эшикке чыкса Калыйпа:

- Жуунуп келип тамагыңды ичип окууңа бар, окууңдан тараганда Нуркандыкына бара аласыңбы? - деди.

- Ооба, барам эле, - деп койду Асан, ал ким экенин деле билбейт, аны Улукбекке айтмак болуп шашыла кийинди да шашып-бушуп бирдеме ичип алып атасы жиберген унаага отуруп бара жатып шоопурга көчөдөн көчөгө бурулууну айтып отурбай жолдон түшүп калып Улукбекке жетти, ал дагы бул үйдө эркин боло албай жаман абалда араң турган, Асан шашыла өз бөлмөсүнө кирсе Улукбек кийинип жатыптыр.

- Келдиңби?

- Ооба, бол эрте, - деп өз кийимдерин кийине калып чыгып кетишти.

- Кандай болду? - деп Улукбек күлө карады.

- Жинди боло жаздадым.

- Мен андан, айтпа жаман болдум, көнбөгөн жаман экен, - деп экөө бири-биринен өтүп билгенин айтып күлө мектепке жетишти. Аларды эки узун бойлуу бала тозуп алды:

- Эй двойниктер, силер эмнеге бизге эсеп бербейсиңер, мурдуңардын богун аарчып коелубу? - деди Сашик дегени.

- Булар өздөрүн ким сезип жүрөт өзү? - деди бири.

- Эмнеге эсеп беребиз? - деди Асан.

- Түшүндүрүп койчу буларга, - деп Сашик ары басып кеткенде тигил аларды муштумун түйүп жылдырбай тозуп:

- Кана, качан эсеп бересиңер, мирна сүйлөшөбүзбү же...

- Эсеп ала турган силер кимсиңер, кач жолдон сабакка кечигебиз, - деп Асан аны көкүрөккө түртүп өтүп кетмек болгондо ал аны бир муштады.

- Кимге каяша кылып жатканыңды билесиңби?

- Мен кудайдан корком, силерден коркпойм! - деп Асан ызалана сумкасын ыргытып жиберип аны менен жакалашып калды. Негизи алар башка мектептин балдары эле, ар күнү келип окуучулардан акча чогултуп кетчү, Улукбек, Асан, Мирлан үчөө, анан дагы бир класстан Алтынбек деген бала берчү эмес. Асан тырмаңдап кармашып жатканда Улукбек анын сумкасын алып жүгүрүп барып Мирлан менен Акылбекти ээрчитип келди, Сашиги тигилерди карап турган жетип келди, Асан тигини жерге басып алган эле.

- Ээй балдар, силер эмне жинди болдуңарбы? - деди ал билмексен болуп:

- Бүгүндөн баштап эсепти мага бересиңер! - деди Асан достору келгенге шердене.

- Туура, болбосо бул мектептен экинчи көрүнбөгүлө, - деди Мирлан.

- Тамаша-тамаша, - деген Сашиги акырын жерде чаң болуп жаткан досун тургузуп желкесинен ала басып кетти.

- Азамат досум, бир мектептин балдарын налогдон куткардың, - Мирлан Асанды далыга таптады.

- Кубанууга али эрте, - деди Акылбек.

- Туура, - деди Улукбек, - Кимибизге болбосун ээндетип бир жерден кармашы мүмкүн.

- Кимибизге болбосун жолукса алардын энчисин бүгүнкүдөй кылып берип коюу керек, - деди Мирлан, - Эмнеге андан коркобуз?

- Азыр сабакка кирели, анан сүйлөшөбүз, - деп Улукбек мектепти көздөй жөнөгөндө баары анын артынан класска киришти. Сабактан кийин чогулуп, налог төлөп жүргөн балдарды дагы кошуп сүйлөшүштү, ошол эле мектептин чоң классындагы Эрик деген бала аларга:

- Эй бок мурундар, деги колуңардан эмне келет? - деди керсейе.

- Колубуздан баары келет, - деди Асан.

- А сен двойник сүйлөбө, налог деген налог, төлөп турушуңар керек.

- Эч качан, мектепке окутуп багып жаткан ата-энелерин кыйнап акча алып келип бекерчилерге берсинби? - деди Асан.

- Ээй, сен ал акылыңды өзүңө жумша, төлөп жаткандарга тийишпегиле.

- Эч ким төлөбөй турган болот, - деди Мирлан.

- Сен кимсиң, меин айланама тийишпегиле, корочье нан таап жегенге каршылык көрсөтпөгүлө, - деди Эрик чыйт түкүрө, - Силер качан эсептешесиңер билесиңерби? - деди кайра маңдайында турган арык балага.

- Азыр акча жок брат, - Башын кашылап турганда Эрик аны чекесине чертти:

- Жок дегенди кулагым укпасын! - деп басып кетти.

- Коркпо, аны дал ошол чогултуп жатканда карматабыз, - деди Асан.

- Ооба, баарын ушул баштап жүрөт, өзү бир айыл өкмөтүнүн баласы.

- Болсо боло берсин, эртең анын атасын жер каратаар күн келет, - дешип көпкө сүйлөшүштү. Анан үй-үйүнө тарады, Асан катуу ойлонду: "Эмнеге менин жытым башкача, буканын жытына окшошпу, а менин жытым кандай экенин атам же апам билеби, бир жолу жыттап көрдү бекен", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртең менен сабакка кетээрде чай ичип отуруп:

- Апа, Амандын жыты кандай? - деди.

- Эмне жыт? - Гүласыл таңгала Асанды карады.

- Мм, деги адамдарда өз-өзүнчө жыт болобу?

- Уулум, аны эмнеге сурадың? - Жапар көңүл бура карады.

- Менде буканыкына окшош жыт барбы?

- Ким айтты? - Гүласыл күлүп жиберип анын жанына келди, - Сенин жытың мага бир башкача уулум, эне-ата үчүн баланын жытынан өткөн жыттуу нерсе барбы? - деп төбөсүнөн жыттап, - Уулум ар нерсени ойлоно бербечи, - деди.

- Ата, Улукту чоң энеси жаман көрөт экен.

- Сен кайдан билдиң? - Жапар ага көңүл бура сурады.

- Апасы өлгөндөн кийин чоң атасынын колунда болуп калыптыр да.

- Өзү айттыбы? - деди Гүласыл кабатырлана.

- Апа, ал эгизинин бар экенин билет экен, издеп табам деди.

- Эмне?! - Гүласылдын колундагы чыны жерге түшүп кетти, - Кайдан? - Көзү алая Жапарды карады.

- Апа, сизге эмне болду? - Асан алардан бир чындыкты уккусу келген, бирок сабактан кечигип калбоо үчүн ордунан турду.

- Уулум...

- Сабактан келгенде сүйлөшөбүз апа, - Асан кымыңдай чыгып кетти: "Чындыкты жашырып отура берсеңер мындан да чоң жаңылышат, айтса айтсын, болбосо мен дагы ата-энемди издеп кетип калам", - деп ойлонуп Улукбектин чоң энесинин айткандарын эстеп жүрөгү ооруп чыкты. Мектепке жете келгенде Улукбек атасынын кызматтык унаасынан түшүп жаткан, Турдумамбет дагы жанында болчу, Асанды көрүп көңүлү чөгө түштү: "Буларды бөлгөнгө кудуретим жетпейт окшойт, андан көрө Улукту өз ата-энесине берсемби, Гүлзада болсо аны жолотпо деп жатат, апам да жактырбайт, кандай кылсам экен", - деп ойлонуп кетип бара жатты.

- Улук, акыбал кандай? - деди Асан.

- Өзүң көргөндөй.

- Жаман, мен үйдөгүлөргө бомба коюп келдим, - деп мулуңдай карады.

- Кандай бомба?

- Үй-бүлөөлүк чындыкты чыгаруучу бомба.

- Эмне аларга мен жөнүндө айттыңбы?

- Мен ургаачы эмес эркекмин боорум.

- Жарайт, анда жарылышын күтөлү, - Экөө күлүп мектепке кирип келе жатышты, Мирлан менен Акылбек коридордо турган.

- Келдиңерби? - деп Мирлан аларга шыбырады, - Бүгүн үчөөбүз дежурит этип тигилерди карматыш керек.

- Беркилер белги бере турган болдубу? - Асан сурады.

- Ооба, бири келет.

- Жарайт, - дешип класска кирип кетишти, үчүнчү коңгуроо болгондо бир бала келип кайра кетти, Мирлан аларды карап туруп мектептин короосунун сыртын карап турду, он бештей бала бир-бирден келип Эрик менен учурашып бирден өтүп жатканда бир мугалим менен милиция ары жактан келип, анын артынан Мирландын атасы көрүндү, Эрик качканга аракет кылды эле узатпай кармап калышты. Мектепке окуучулардын жыйыны болуп төрт окуучуну мактап жатты, окуучулардан сураганда баары бир ооздон айтып беришти, жылына жумасына ар бир окуучудан жүз сомдон, андан чоңураагынан эки жүз сомдон жыйнап жүрүшкөнүн, бербегенин сабап коюп коркутканын айтышты. Ошентип Асан, Улукбек, Мирлан, Акылбектер балдарды бир жаман нерседен сактап калганы үчүн мактоо баракчасын алышты. Мирлан Асандар менен абдан жакшы болуп калган, ар дайым сабакты бирге даярдашып, бири-бирине жардам беришет. Улукбектин абалын уккан Гүласыл Асан кеткенден кийин ыйлап жатты:

- Жапар, эми эмне кылабыз, ал түгөйүн издейм деп бир жакка кетип калсачы, чоң энеси ага кордук көрсөтүп жатса керек, кандай кылабыз, ачык айталыбы?

- Асанга эмне, - деп айтабыз?

- Адегенде Асанга айтуу керек, анан Улукка.

- Айтам деш оңой, бирок экөөбүз айта алабызбы?

- Эмне деп айтабыз?

- Мен апаңды таштап кеткенде апаң силерди таштаган деймби?

- Ырас эле, кандай кылып айтабыз, бир айласын табуу керек Жапар.

- Апамды чакыралы.

- Эмне апам айтса дейсиңби?

- Ооба, алардын айтканы туурадай сезилет Гүлү.

- Макул Жапар, тезирээк бир жаңсыл бололу, болбосо бала неме зээни кейип башы оогон жакка басып кетпесин, - Экөө абдан кабатыр болуп ар кандай ойду ойлоп жатышты, бирок Турдумамбетке келгенде эле эмне кылаарын билбей калышат, акыры Салиянын үйүнө телефон чалып аны үйүнө чакырышты. Асан сабактан келгенче аны менен сүйлөшүп отурушту.

- Сен кандай дейсиң? - деди Гүласыл ага айтышкан соң.

- Билбейм эмне дешти, Улук чечет го, бирок акем эмне дээр экен?

- Биз андан өтүнө албай жүрө берсек баланы жоготуп алганы жатпайбызбы?

- Акемдин балага мамилеси кандай экен?

- Билбейм, ал кишинин деле жаш аялы бар тура.

- Ооба, жеңемдин ашын бергенден кийин үйгө алып келет экен.

- Эмесе ал киши деле балага кош көңүл чыгаар.

- Ошондо деле ал ме деп бере койбойт да, - деп Жапар экөөнү карады, - Куда болуп калганы үчүн эле ооз ача албай келе жатпайбызбы, болбосо эбак эле алып алмакпыз.

- Силер кое тургула, мен кайнатамдыкына барып алардын көз караштарын билип көрөйүн, анан силерге айтам, - деди Салия, - Силер ишти бүлүндүрүп алышыңар мүмкүн.

- Макул, сен ошондой кыл, - деп Гүласыл анын айтканын туура көрдү. Көпкө сүйлөшүп анан кетти, ал кеткенден кийин Асан келди, ал тамактанып алгандан кийин:

- Балам, деги Улук экөөңөр сырдашып жүрөсүңөрбү? - деди Жапар.

- Ооба сүйлөшөбүз...

- Атасы кандай карайт экен, же ал дагы жаман көрөт бекен?

- Ошо атасынын мамилеси жакшы болгондуктан чыдап жүрөт да.

- Качандан бери сага сырын айтып жүрөт? - деп сурады Гүласыл.

- Көп болду, - деп сыртка чыгып кетти.

- Жапар, адегенде Асанга чындыкты айтуубуз керек.

- Чыда, апам келсин, ал айтып түшүндүрөт, биз үйдөн кетип калабыз, анан ээн калып сүйлөшөт да, менин бетим чыдабайт.

- Биздин балабыз экенин го билет, ишенбей жүрөт окшойт эми даана ачык чындыкты айтып берүүбүз керек, - деп Гүласыл ойлуу отуруп калды, ал ошол эле күнү Толкунду алып келгени айылга жөнөп түндөп жол жүрүшүп таңга маал келип калышты, Дүйшөбай экөө тең келген эле. Келип эле жатып калышты, анан Асан сабакка кеткенден кийин кеңешип Гүласыл менен Жапар Аманды алып бир жакка түшкө маал кетип калышты, алар эптеп чындыкты Асан билген соң келишмек. Сабакка барганда Улукбек:

- Мен сенин ордуңда болуп бир нерсе билдим, - деди.

- Эмнени?

- Алар сага эгиз экениңди, түгөйүң бар экенин айта албай жатышат.

- Чын элеби?

- Ооба, менин оюмча аларга деле кыйын экен, жакында чындык билинсе мектепте окуй албай калабыз го?

- Чын эле...

- Бул мектептен кетүүбүзгө туура келет.

- Көрөбүз, адегенде чындык чыксынчы.

- - Жакында чыгаарына ишенем дечи, бирок атам жаман болот, канчалык мени багып алса да, менин бакма экенимди билээримди түшүнүп турса да такыр кетиргиси келбейт Асан.

- Анан эмне кыласың?

- Атам үчүн, анын мага деген сүйүүсү, мээрими үчүн мен андан кетүүгө чамам жетпейт, аны кыя албайм Асан, анын үстүнө алар кудалар да, кандай болоор экен? - деп Улукбек ойлуу тиктеп калды, Асан ийинин куушура тим болду, канткен менен алар бала эмеспи, экөө тең андан ары эмне кылаарын биле алышпай ойлонуп сабакта дагы ойлуу отурушту. Дал ушул учурда Турдумамбет кабинетинен чыгып унаасына отуруп өзү айдап кайдадыр жөнөдү, ал ээн болгусу келди, ызы-чуудан алыс болуп жалгыздап ойлонгусу келди, ал ээн талаага келип унаадан түштү да колун чөнтөккө салып тоо баштарын карап турду, күзгү суук бир топ болуп калган, негедир чыйрыгып кетти: "Аттиң, бул жашоонун түркүн кызыктарынан эң кызыгы өмүр кыска болсо да адамдардын бири-бирин алдап, жүрөгүн оорутуп, жаман-жакшы айтышып эртедир-кечтир бул аманат дүйнөдөн өтөөрүн ойлобогону. Балким Жапар баягыда ошол каталыгы үчүн ичип жүргөндүр, өлгүсү келгендир, акыры өз сүйгөнүн тилин тапкандыр, балдары үчүн катуу өкүнгөндүр, чынында анда деле күнөө болбосо керек, тагдыр адамды ар кандай сыноого салат тура, мен Зинакандан башка аял албайм, бала багып алсак эле болду баары жайында болот дебедим беле, бирок ага карабай өз канымдан балалуу болгум келди, көп пенделигим эмеспи бул... Ал байкушум менин башкага кеткенимди көтөрө албады, акыры өлүп кете берди. Уулунун чоңойгонун көрбөй кетти, кандай жакшы көрчү эле алтыным, бирок минтип да жүргөнгө болбойт, бала ушундайда ата-энесине көнүп калышы керек, аны мен күч менен кармаганым болбойт, Жапарга сүйлөшүп көрүп даана чындыкты билүүм керек, керек болсо канын текшертип анын уулу экенин анык болсо өз колуна тапшыруум керек", - деп ойлонуп туруп бир кездеги наристени алганы баргандагы кезин эстеди: "Ооба, ал тумары үйдөгү Зинакандын буюмдарынын арасында болуу керек", - деп дароо унаасына отуруп жөнөдү, "Ооба, мен аны көргөнмүн, ал үйдө", - деп сүйлөп да алды. Катуу айдап келип токтоп чоң бөлмөгө кирип Зинакандын буюмдары сакталуу сандыкчаларды, суурумаларды карап таппай анан анын себине келген сандык көзүнө чалдыкты. Дароо аны шашып ачып ичин оодарып көрүп эң түбүнөн тапты, колдору калтырай түйүнчөктү ачып үч бурчтуу кара кайышка тигилген тумарды колуна алды:

- Демек сырдын түйүнү ушунда, жаңы төрөлгөн балага кайдан тумар жасата койсун, балким ата-энесин тактап ушуга жазгандыр, жо-ок ачканда болбойт, - деп акырын чөнтөгүнө салганда:

- Балам. Биякта эмне кылып жатасың? - деп Калыйпа кирди.

- Эчтеке, Зинанын буюмдарын жок кылуу керек апа.

- Ооба, туура айтасың балам.

- Алтындарын сиңдилерине берип койгондо болмок экен.

- Койчу балам, алтын чиримек беле, жүрө берсин, кийим-кечесин Асылканды чакырып берип ийейин, - деп Калыйпа куучуңдай карады, - Эмнеси бар экен?

- Алтын шакектерин, сөйкөсү менен чынжырын бүт албаптыр да.

- Келем дегендир да бечара, биротоло кетем, - деп ойлоду дейсиңби?

- Ошентсе керек, калганын сиз бир нерсе кылыңыз, - деп бөлмөдөн чыгып кетти.

- Курган балам ай, - Калыйпа уулунун ички кайгысы менен иши жок эле үч түрдүү чынжырды, беш жоон шакек менен үч сөйкөнү алып суктанып жатты, алар набор болчу, бүт өзүнчө кылып чөнтөгүнө салып алып кийимдерин өрттөгөнү алып чыкты. Турдумамбет көп ойлонуп анан Жапарды кабинетине чакырды. Ошол эле күнү экөө бет маңдай отуруп сүйлөшүп отурду:

- Ушундай куда, эгерде Улук Асандын түгөйү болсо дал ушундай тумары бар болушу мүмкүн, эгерде жок болсо анда булар түгөй эмес, - деди Турдумамбет аны сынай карап отуруп.

- Чынында куда, баарына мен күнөөлүүмүн, - Жапар Асанды кандайча алып келгенин айтып отурду, - Эгерде сарамжалдуу аял болсо катып койгондур, мен Ошко барып келүүм керек.

- Жарайт, азыр балдар билбей турсун, жашырганда эмне экөөбүз аныктап даже канын текшертели, ошондо гана толук кандуу сенин балаң экенине ишенсе болот.

- Мен сизди капа кылып бала талашайын деген оюм жок эле, Гүласылдын көз жаш төккөнүнө карабай башкага үйлөнүп алып кеч түшүндүм да аркасынан жүгүрдүм, ал болсо балдар чарчап калган деди, өлгүм келип арак дагы ичип жүрдүм, кыскасы акыры Асанды таап келип анан ага үйлөндүм.

- Андай жаңылыштык болот жаш чакта, - деп Турдумамбет жылмайды.

- Кечириңиз куда, мындай болоорун күткөн жок элем.

- Болчу иштин эртеси жакшы.

- Мени түшүнгөнүңүзгө рахмат куда.

- Улук менен Асан эми менин да, сенин да балаң, ансыз дагы куда сөөкпүз, айрылышчу жолдо эмеспиз, - деп Жапар кубана туруп барып Турдумамбеттин колун кош колдой кысты.

- Сиздин кеменгерлигиңизге таазим, башка болсо...

- Ашыкча сөздүн кереги жок Жапар, эмесе ишке киришели.

- Макул, мен анда барайын куда.

- Ак жол, экөөбүздү кубантаар кабар болсун, кокус башканын баласы болсо мен кантемин деп сары санаамын, Улукка катуу берилип кеттим, ал дагы мени жакшы көрөт, ойлогонубуз туура чыгышын каалайм! - деп ал дагы ордунан туруп Жапарды кабинетинен жылуу узатты. Жапар жумушуна барып он күнгө суранып алып анан үйүнө келди:

- Гүлү, сүйүнчүмдү бер!

- Эмне болду, тынччылыкпы деги?

- Кудай ушундай жакшы адамдарды башка чукак кылганына нааразымын.

- Эмне деп эле жатасың, айтпайсыңбы, ким?

- Кудам, Улуктун атасы мени чакырыптыр.

- Койчу, эмне деди?

- Кыскасы, - Жапар өрөпкүй сүйлөп жатып сөздү баш аягы кылып жатты.

- Балам, жай отуруп анан сүйлөчү, - деди Толкун.

- Ооба десең, бирдемеден качкан немедей болбой... - деп Гүласыл күлүп калды, Жапар өзү уяла түшүп отурду да баарын айтып берди, анан:

- Гүлү, Улукбектин мойнунан тумар тааптыр, аны Зинакан кудагый бекитип койгон экен, балким Улукбек биздики болбой калышы мүмкүнбү?

- Эмне? - Гүласыл апасын бир карап өткөндү көз алдына келтирди, -Асандын апасы эчтеке берген жок беле? - деди.

- Жо-ок.

- Анда дагы болушу керек, ал менин жазган катым, кыяматка чейин көрүшпөй калсак балдар акыры ошону окуп билээр деп ойлогонмун, - деп кирпиги суулана түштү.

- Анда жакшы, мен Ошко барайын, Асанга айтпай эле кой, дагы барам деп жүрбөсүн, - деди акырын сыртты карай, ошентип Жапар Ошко жөнөгөндө Зарылбү жаш баласы менен (бир жарым жаш) шаарга келмек болуп даярданып жаткан эле. Аселди Нуркандын баласы алып качып келген эле, ызаат-сыйын кылып ал себин алып төрт киши жолго чыкмак. Бирок кайнагасын күтүп турушкан эле. Ал күнү алар жөнөбөй калышты, күүгүмдө алардын эшиги катуу тарсылдаганда Гүлзат чыга калды:

- Сизге ким керек эле?

- Зарылбү эженин чакырып коесуңбу кызым.

- Азыр, - деп Зарылбүнү чакырып келди да туруп калды, Зарылбү караңгыдан аны тааный албай зорго боолголоду да Гүлзатка:

- Кир үйгө кызым, конокторго чай бере бер, - деди эле ал кирип кетти.

- Эже кандайсыз анан?

- Жакшы, Асан кандай жүрөт?

- Сизден бир нерсени сурайын, Асанды алып келгенде мойнунда тумары бар беле?

- Аа-а, ооба-ооба, бар болчу.

- Ошону жоготкон эмес белеңиз?

- Билбейм, азыр эстейинчи, - Зарылбү ойлоно түштү.

- Эже ойлонуңузчу, өтө зарыл, балдарыбыздын тагдырына байланыштуу.

- Азыр, - Зарылбү үйүнө кирип кетти, Жапар тынчы кете күтүп бир орунга тура албай жатты, канча өттү белгисиз, бир кезде Зарылбү кубанычтуу чыкты.

- Таптым, мына бул болушу керек эле, таптым иним, - деп колуна көтөрүп чыгып көрсөттү.

- Ооба эже, дал ушул, - Жапар кубанып кечээги эле Зарылбү көрсөткөн тумарды көз алдына элестетти, - Рахмат эже, муну чай ичип коюңуз, - деп беш миң сом бир жашыл кагазды колуна карматты, - Сизге чоң рахмат, бул өтө маанилүү нерсе болчу, - дегенде:

- Жок-жок, кереги жок иним, ушул акчанын айынан баланы кайда жоготтуң деп күйөөм урушуп алигиче кеп кылат, кыскасы Асаным аман болсо болду, баарыбыз сагынып жатабыз, күндө аны эстеп кеп кылабыз, колубуздан келсе катышсак жакшы болот эле, каршы болбосоң дарегиңди бере аласыңбы?

- Мейли эже, - Жапар чөнтөгүнөн блокнотун алып чыгып жазып колуна карматты.

- Рахмат, жакында эле улуу кызым Качкыналы дегендин баласына келин болду, биз эртең барганы жатабыз.

- Качкыналы дейсизби?

- Ооба, ошонун Нуркан деген баласына келин болду.

- Оой эже, ал менин кудам да.

- Жакшы болгон тура, айланып отуруп эле бир тууган болуп калат экенбиз.

- Макул эмесе, мен барайын эже, аман туруңуздар, барсаңыз кубана тозуп алабыз.

- Рахмат эмесе, буйруса барам, Асанды көрүп келейин.

- Жакшы болот, анда ошондо жолугушабыз, - деди да шашылыш жолго чыкты. Ошол күнү Жапар аябай кубанып бара жатты, анткени эки баласын тааныштырып, экөөнү кучагына кысып бактылуу боло турган күнү эмеспи, унаасындагы магнитофонду чоң коюп койду да музыканын үнү салон ичин жаңыртып кетип жатты. Түн бир оокумда гана шаарга кире бергенде көзү илинип бара жатканда токтотуп бир аз чырм этип алмак болду. Бул тирүүлүктүн өзүнчө бир мыйзамы эмеспи, адам көңүлү көтөрүлүп турганда кандай жакшы, жарыктык бул жарыкчылыктын бир жакшы жери адамды алга карай гана жетелегени тура. Эгерде үмүт оту жанбаса, сезими аны жакшы нерсеге үндөбөсө адам кайда барат эле да кандай нерсеге дуушар болот эле. Жапар жарым саттай эс алып алды да зымыраган бойдон шаарды көздөй жөнөдү, азыр ал асмандагы айга колу жеткендей унаада эмес асманда учуп жүргөндөй болуп бара жатты. Үйүнө келгенде таң атып калды. Дарбазаны ачып кирип бир аз турду, анан көңүлү жайлана уктап калды. Эрте турган Дүйшөбай Жапардын келгенин көрүп айнегин тыкылдатты.

- Жапар, Жапар келдиңби? - дегенде көзүн ушалай эшигин ачты Жапар.

- Эрте туруп алгансыз го?

- Картайганда уйку качып калат тура, чыксам сен келип калыпсың.

- Ооба, ойготпоюн дедим эле.

- Жолуң болдубу?

- Окей.

- Оо куттуктайм анда, эки баланы тааныштырат экенбиз да.

- Айтпаңыз, кубанганымдан ким менен бөлүшөөрүмдү билбей турам, - деп Жапар күлүп Дүйшөбай менен катар басып үйгө кирип келе жатканда Толкун чыга калды.

- Келдиңби балам?

- Ооба келдим апа, иш оңунда.

- Кудай жар болсун.

- Буйруса эки баланы бирге боорубузга басаар кез келди апа.

- Айланайын кудайдын көзү түз болсо башкасы эчтеке эмес.

- Кудай буйруса эми доктурдун текшерүүсү калды.

- Эмне дейт, эми текшертесиңерби?

- Бул тактык апа, менин эмес Турдумамбет куданын сунушу.

- Капырай, текшертебиз дейби?

- Ооба апа, кокус бала башканыкыбы деп күмөн кылып жатат.

- Капыра-ай де, азыркы адамдарга түшүнүп да болбойт.

- Байбиче, ал эми өкмөттүн кимиси да, кандай кааласа кыла берет, баары бир чындык калкып чыгаары бышык, кам санаба күйөө бала, - деди күлүп Дүйшөбай, - Күмөнсүү да кээде тактыкка алып келет.

- Ооба, мен туура эле көрүп турам, - деди ойлуу Жапар, ал оюнда Турдумамбетти анализин сүйлөшүп башкача кылып коебу деп ойлонуп турган. Аңгыча Гүласыл турду, чайын даярдап Асанды мектепке жөнөтүштү, ошондон кийин гана Жапар ага тумарды көрсөттү.

- Ушуну ойлоп тапкан акылдуулугуңа баракелде.

- Эмне кылышым керек эле, көзүнүн карегиндей карап баккан жалгыз кыз болсом, көз ачып көргөнүм эгиз уулдар болсо аргам кеткенде мурунтан даярдап өз колум менен тиккенмин да, - деп Гүласыл ыйламсырады. Толкун зыңгырай Гүласылдын үйүнө баргандагы абалын эстеп: "Каралдым ай, ошондо уятты коюп эле кеңешсең эмне, сай-сөөгүң сыздап кыйналганыңды билбей бей капар жашап жүргөн мен куруюн", - деп ичинен сыздап турду. Жапар түшкө жакын Турдумамбетти көздөй жөнөдү, экөөнүн эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз, бир күнү эле Жапардын үйүнө Качкыналы аялы менен келип калышты. Улукбек менен Асан сыртта сүйлөшүп турушту:

- Асан, бул эмне деген жыйын? - деди Улукбек.

- Кайдан билем, алар куда эмеспи, сыйлаша берет да.

- Салия эжемдер дагы келишти го?

- Унчукпа, балким бомбаны азыр жарышаар, - деп мулуңдады Асан, дал ошол кезде машина токтоп такси менен эки жашар баласын алып Зарылбү абысыны Саадат экөө келип калды.

Баары чогуу отурушканда Турдумамбет Улукбекти чакырды, ал жал-жал карап атасынын жанына келди.

- Ата, эмне болуп жатат бул жерде?

- Отур балам, - Турдумамбет оор күрсүнө атасын карады эле ал сөз баштады:

- Уулум, айланайын балам, айтуу биз үчүн деле оор, бирок арга жок, - деди да Асанды чакырды, алар жанына келгенде башынан сылап экөөнү чекесинен өөп, - Эми силер бир тууган эгиз экениңерди тастыктадык, кудай талаа силерди бир карынга батырган соң биз кантип тарчылык кылалы, өз ата-энеңер менен таанышкыла! - дегенде Жапар менен Гүласыл аларды карап калды...

Арадан он жыл билинбей өтүп кетти, Улукбек менен Асан мектепти бүтүп чоң окуу жайында окушат, кыздар менен таанышканда аларды эч ким ажырата албайт эле. Асан Карина менен таанышып калды, Улукбек Камиля менен сүйлөшөт, алар кыздарды эчен ирээт тамашалашып биринин кызына бири жолукканы барып ашыкча сөзгө өтпөй качкан күндөрү, кайра жолугуп алып аларды айтып каткыра тамашалашканы канча. Акыры алардын тою да болуп калды, Гүлзада бул кезде экини төрөгөн, Турдумамбет Качкыналиевич болсо көңүлү тынып бакыйган кызматкер, ири-ири ишканалардын ээси болгон. Эки баланын тоюна кам көрүп Гүласыл менен Жапардын таманы жер жыттабай турган кез. Той болоор күнү Улукбек менен Асан сүйлөшүп алып алмашып барышты, ошондо Карина Улукбекке:

- Асан, чындап эле мени сүйөсүңбү? - деди.

- Эмнеге андай деп жатасың?

- Билбейм, сен мага башкача көрүнүп жатасың.

- Кандайча? - Күлө карады.

- Суз, көңүлсүздөй.

- Жо-ок жаным, кабатыр болбо, аябай сүйөм.

- Чын элеби?

- Албетте.

- Кеттик анда.

- Эмне болду?

- Мен сенден эртеден бери коркуп жатканмын.

- Эмнеге?

- Аны кийин айтам, - Карина күлүмсүрөй аны колтуктады, Улукбек күлүмсүрөй унаага отурду, алар никеге бараардан эки саат мурун достору менен жолугушуп өздөрүнчө кыздарын күтүп жатышкан болчу. Анткени Асан агасы Улукбекке атайын белек алып куттуктоону план кылган эле, аны унутуп коюп алмашып алганын сезген Асан Камиляга?

- Камияла, мен азыр келем, закска барганга дагы эки саат бар го? - деди шашыла.

- Эмне болду, кайда барасың Улук?

- Азыр келем, күтө тур, - шашып унаасына отуруп өзү болжогон жерге жетип келди, бирок алар ал сюрпризди кандай кылаарын билбей жатышкан. Улукбек туюкка камалып: "Ай мындай оюу бар экен эмнеге алмашты, анын оюндагысын кайдан билдим", - деп ичинен ойлонуп ар кимиси ар кайсыны айтса дагы күлүп башын чайкап коюп тандагандай болуп жатканда Асан жетип келди. Алардын бойлору да, кийимдери менен чач жасалгалары бирдей болгондуктан алар экөөнү суктана карап калышты. Асан Улукбекти карыдан ала:

- Шашылыш сөз бар, - деп арыраак алып барды.

- Асан...

- Жок, мен жаңылып калыпмын, тез бар, Камиля кафеде, - деди аптыга.

- Жарайт, - деп Улукбек өзүнүн машинасы менен жөнөп кетти:

- Ой эмнеге Асан кетип калды? - деди бири.

- Улук эле кетти, - деди бири, - Бери жактагысы Улук болчу да.

- Ой жо-ок Асан келбеди беле, ал кетти.

- Эмне болду? - Асан Каринаны колтуктан ала нукуп койду, - Бас эми сюрпризди алалы.

- Аса-ан, Карина анын көздөрүнө карап таңгала туруп калды, анткени Улукбек ал ойлогондой эле тамашалап нукуган эмес, Асан дайыма колтуктап алып нукуп, колтук түбүнөн кытыгылап жиберчү, - Эми түшүндүм, - деди Камиля күлүп, - Көрсө силер...

- Чү-үш, көп сүйлөп жибердиң, - деди Асан жылмая сүйгөнүнүн ээрдине сөөмөйүн алып барып, - Ишке киришели, - деп оюндагысын алып алды да жолго чыгышты. Ошентип адашкан эгиздер өз ата-энелеринин дагы, баккан ата-энелеринин да башын кошуп үлпөт той өткөрүп жатышты. Асан өз агасына чын жүрөгүнөн тартуу кылгысы келип мурунтан даярдатып койгон эгиз балдардын сүрөтү менен Адашкан эгиздер", - аттуу китепти алып бакыт үйүнө жетип келишти. Закстан чыгып той болчу ресторанга келишип той башталганда алар алып баруучуга адегенде сүйлөшкөндөй бири-бирине белектерин беришти. Кызыгы экөө тең бири-биринин оюн билгендей оролгон кагаздан окшош сүрөттөрдү ачканда таңгала карап каткырып жиберишти. Тойго келген эл шатырата кол чаап турду, кучакташып бирин-бири куттуктаган соң той андан ары уланды. Буларды көрүп отурган Жумабек менен Зарылбү көздөрүнөн чыккан жашты билгизбей аарчып алды, анткени алардын уулу Куттубек он эки жашта, тойго келген өздөрү менен. Турдумамбет Гүлзада, Кадырмамбет, Шүкүрмамбеттер дагы аялдары менен отурушат. Нуркан да келген келин уулу, үй-бүлөөсү менен Улукбектин тоюн куттуктап. Турдумамбет дагы ушул учурда Зинакан экөөнүн Улукбекти төрөтканадан алып келген күнүн көз алдына келтирип: "Зина, сен болгондо кандай жакшы болот эле, баягы кызыл эт бала минтип чоң жигит болуп турмуштун даңгыр жолуна аттанып отурат, сени жоктотпой тилегиңди аткардым, мен андан эч нерсемди аябадым, ал турсун мээримимди дагы. Ушул күнү сен анын бактылуу жүзүн көрсөң кандай сонун болот эле, минтип табышмактуу тагдыр эки бөлүп койгон эгиздер азыр эки ата, эки энелүү, туугандары кө1п болуп бактыга балкып турушкан кези", - деп ойлонуп оор дем алып алды. Бул кезде Гүласыл дагы табышмактуу тагдырына магдырап, бир кездеги көзүнөн мончоктоп жашын төгүп ымыркайларын өөп-өөп түн катып төрөтканадан чыгып бара жатканы көз алдына келип: "Алла, ушунуңа шүгүр, бул көрүп турганын чын бактымбы же түшүмбү", - деп көзүн ирмесе жаш төгүлчүдөй болуп турганда Жапар аны сезип өзүнө аста тартып башын чайкап колун төрдө гүлгө оронуп отурган уулдарына карай жаңсады. Ал: "Болду жаным, баары жайында, жаман күндөр артта калган, бизди кудайым табышмактуу тагдырга туш кылды, бирок жеңип чыктык", - дегендей белгиси эле. Залда шаңдуу ыр менен шаттуу кол чабуулар, куттуктоолор жаңырып жатты...

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться