Айгүл ШАРШЕН


"Кең пейилдик бакыт"


Турмуштун өзү драма дегендей бу жашоого келген ар бир пенде аппак барактай таза, аруу бойдон ыңаалап ыйлап бу дүйнөнүн жарыкчылыгынын астанасын аттаган күндөн, сааттан баштап ошол таза барактын бетине чиймелене баштайт тура. Аны пенде кайдан билсин, акыл эси кирип, ак менен караны ажырата бергенде гана өз турмушунун кандай экенин сезип бактылуу өмүрдү башынан кечирип, көзүн карап каалаганын алып чоңойгон бала менен жетишпеген жашоодо жашаган баланын көз карашы, ой жүгүртүүсү башкача болоору белгилүү эмеспи. Бирок адам өсүп жетиле баштагандан эле бирөө ошол оор тагдырына кимдир бирөө күнөөлүүдөн бетер жан дүйнөсүндө кекенүү пайда болуп адамдарга ишеничи жоголуп өч алууну көздөсө ошол эле чөйрөдө ачуу-таттууну татып өскөн бала бул жашоодо өз ата-энеси кылган күнөөнү кайталабоо үчүн татыктуу жашоого белсенет. Ал эми алдей бөпөдө чоңойгон балдардын дагы өз сезимдери, башкача болоору белгилүү го, бири байлык бар жерде гана жашоо ойдогудай болот деп көздөгөнү байлык, ал эми бири адилеттикти каалаган боорукер, адал иштеп гана тапкан байлык адамга жугумдуу болоорун, байлык адам баласына жөн гана жоо болоорун тактап жеткиргиси келген адам болуп өсөт. Бул адам баласынын "Беш кол бирдей эмес", - деген сөзүн тактагандык эмеспи. Бул чыгармамда бардар эки үй-бүлөөдө өскөн эки бала жөнүндө айтылат, аларга эч кимиси жок балдар үйүндө өскөн үчүнчү бала кошулат. Бул үчөө бири-биринен өткөн бой келбети келишкен жигиттер, алар кийин ушул жашоодо бир фирмада иштеп таанышып калып, мүнөздөрү келишпей терс бурулуп кетишет, бирок ар кимисинин ойлору ар башка болуп сүйлөшө келишкенде бир пикирге келе алышпайт. Мелис апасынын фирмасында менеджер болуп иштейт, Акберди атайын жумушчу, Мырза балдар үйүнөн жаңы гана чыгып жумуш издеп келип алар менен иштешип калат. Акберди бир үйдүн жалгыз баласы, атасы өкмөттүк кызматта иштейт, бала кезинен мектепке өздүк унаа менен алып барып, алып келип турчу, кийин андан баш тартып өзү барып келчү болгон. Эс тарта баштаганы атасынын кээ бир буйрук берүүлөрү, үйгө кызматчы жалдап, кээ бирөөлөрдү телефондон сөгүп, катуу айткандары ага терс көрүнүш эле. Ошондуктан ал атасына каршы, адам болгондон кийин жашоодо тең укуктуу болуш керек, эмнеге бийлиги бар адам кол алдындагыларга бийлик кылып өктөм болушу керек, деген ойлоруна абдан бекип алган. Мелис болсо андай көрүнүштү туура көрүп атасын колдоп турат, керек жерде анын ишин улантып өзүнөн чоңдорго кадимкидей сес көрсөткөн мүнөздө. Мелистин ошол кезде сүйлөшкөн кызы бар, ал жок жарды үй-бүлөөдөн чыккан, аны билип калган Мелис жүрөгү сүйүп турса дагы аны убактылуу пайдалангысы келип жаман ой менен аны алдап жүргөн, Акберди азырынча сүйүү деген сезимге кабыла элек, Мырза болсо жетим болуп өскөндүктөн дили өтө катуу, адамдарга ишеничи аз, болгону ал өзүн адам катары алып жүрүүгө, бирөөнү алдабоого, таза жашап өмүрдө жетишкендик менен жашоону көздөйт. Үчөө бири-бирин али жакшы биле элек, өз жумуштары менен алек. Акберди менен Мырза бирге иштегендиктен кээде сүйлөшүп калышат, түштөнүүдө бир сааттай отуруп калышат. Мырза түнт, ички оюн башкалар менен тең бөлүшкүсү келбеген бир мүнөз бала, жашы он сегизде гана, керээлден кечке атайын унаа менен белгилүү жерлерге товар жеткиришет, бир күнү Мелис Мырзаны өзүнө чакырып алып Москвага товар жеткиресиң деп жөнөтүп жиберди. Акберди анын кандай товар экенине алгач маани бербеди, бирок келгенден кийин кайра барбасын айтты эле кабинетте экөө айтыша кетти:

- Эмне, алган акчаң канааттандырган жокпу? - деди Мелис аны кекете.

- Акчаны эмес, мен мындай жумушту аткара албайм деп жатам.

- Ийи, кайсы ата-энең сен үчүн ыйлап калмак эле, кетсе бир башың кете берет да, кайсы күйөөрүң калып жатты эле? - деп мазактай күлдү Мелис.

- Байкап сүйлө, ата-энем үчүн эмес өзүм үчүн ак жашашым керек.

- Эй келесоо, бу жашоодо акча, дүнүйө болсо адамсың, болбосо сенин көчөдөгү иттен айрымаң кайсы ыя?

- Мен адал эмгегим менен табам, - деп кабинетти тарс жаап чыгып кетти Мырза, ал чыкканда Акберди жумуштан бошоп кетип жаткан.

- Мырза, сага эмне болду? - деди ал.

- Мен жумуштан кетип жатам, - деди ал көңүлсүз.

- Эмнеге?

- Ошондой, - Кол шилтей басып кетти, Акберди аны унчукпай узата карап турганда Мелис чыкты.

- Тим кой аны, ачка калып атасын тааныганда өзү келет.

- Мелис, ага эмне болду, мындай кылганың туура эмес.

- Эй сен өз ишиңди бил да бара бер! - деди Мелис.

- Болуптур, мен дагы иштен кеттим, - деген Акберди Мырзанын артынан жете келди, - Мен дагы иштен кеттим.

- Эмнеге? - Мырза ага таңгала карады.

- Сендей жумушчуну кармай албаса ага мендей жумушчунун эмне кереги бар?

- Койсоңчу, - Мырза кайдыгер басып жөнөдү.

- Мырза кайда барасың, жүрү бир кафеден чай ичели.

- Ичсе ичели, - Экөө кафеге киришти, көпкө отурушуп сыра ичишти, шашлык менен пиво ичип отуруп караңгы кирип кетти, бир кезде Акбердинин чөнтөк телефону чырылдап калды:

- Ало, апа азыр барам, ооба кабатыр болбоңуз, - деп өчүрдү.


- Сени бирөө кабатырлана күткөнү кандай жакшы, - деди Мырза оор улутуна.

- Бирок слишком болуп кетет, кайдасың качан келесиң дей берет, - Акберди күлүп койду.

- Менин андай адамым болсо бир мүнөт да кабатыр кылбай жанында болмокмун, анткени мен жакын адам кандай экенин билбейм, эненин мээримин, ата камкордугун көргөн адам кандай бактылуу, - Сырадан жутуп алды, - Мелис туура айтат, менин өлгөнүм, тирүүлүгүм кимге маңыздуу, баары бир эмеспи, - Кыжырлуу каткырып алды.

- Ал эмнеге антип айтат?

- Ошондой досум, анын телегейи тегиз, кемчилдиги жок, кандай десе жарашат, мендей өлсө кунсуз, сатса пулсуз адамга кайда болсо баары бир эмеспи!

- Мырза, адамдар жашоого бирдей келгенден кийин укугу да бирдей укуктуу болууга тийиш.

- Жаңыласың досум, - Мырза ойлуу сыраны тегерете карады, - Төрт тарабым кыбыла, кайда барсам Мамайдын көрү дегендей, бараар жерим да жок.

- Андай болсо менин үйүмө барасың, ансыз дагы мен жалгыз баламын, толгон бүлөөбүз жок, сен менин иним болосуң, - Акберди аны ийинге таптады.

- Ата-энең мени кабыл алмак беле, кой досум өз жолубуз менен болгонубуз жакшы, - деп Мырза ордунан турду, - Эртең жумуш издешим керек.

- Экөөбүз тең издейбиз.

- Оюнду кой, өз ордуңда иштей бер ээ? - Күлө карап чыга жөнөгөндө Акберди анын артынан кошо чыкты:

- Мен сени менен бирге барам.

- Кайда?

- Сенин жашооңо.

- Түшүнбөдүм, - Мырза аны түшүнө бербей карады.

- Сен кайда жашасаң ошондо барып жашайм.

- Жомокту айтпа Акберди, - Мырза бул жолу аны атынан атады, ал ар дайым досум деп сүйлөөчү, - Сени ата-энең күтүп жатпайбы?

- Күтө берсин.

- Оюн кылбачы, мен бүгүн батирдемин, эртең төлөй албай калсам башка жакка...

- Мен дагы сен көргөндү көрөм, иш издеп бир жерден иштейбиз.

- Акберди, кел мындай сүйлөшөлү, сен бүгүн үйүңө бар, - деди Мырза жаш баланы алдагандай жылмая, - Эртең телефондо сүйлөшөбүз, мен жумуш тапсам сага айтам, сен тапсаң мага айтасың жарайбы?

- Болбойт, азыр сен меникине же мен сеникине, - Акберди көгөрүп алды, экөө жолдо турган отургучка көчүк басты, үнсүз көпкө отурушту, Акбердини караган Мырза башын чайкап койду, жүзүндө жылмаюу пайда болду, анын бул турушу атасына бирдемени алдыра албай таарынган бала тариздүү эле.

- Кеттик, кайда барабыз? - деди анан.

- Маршруткага отурабыз, - Акберди карап туруп келип токтогон маршруткага отурду, Мырза жанында, экөө бийик, жаңыча салынган эки кабат заңгыраган тамга келип дарбазадан кире бергенде балпайган ак жуумал аял көрө коюп жетип келди.

- Каралдым десе, жүдөп кеттиң, иштебей эле койсоң болмок, - деп үйрүлө түшүп эбелек боло Мырзага көңүл бурган дагы жок.

- Апа, бул менин иним болот, мындан ары сиздин балаңыз, аты Мырза, - деди Акберди апасына жылмая карап.

- Эмне дейсиң? - Тоту уулун таңгала карап Мырзага бурулду, - Келе гой уулум, үйгө киргиле, жай сүйлөшөлүчү.

- Саламатсызбы? - деди Мырза адеп сактап.

- Саламат айланайын, жүргүлө үйгө.

- Атам келе элекпи?

- Жок, келет да, - Ээрчише үйгө киришкенде Мырза айландыра карап кире бериш жерин дворецке окшоштурду, полу жалтырайт, ар бир үстүңкү шыптарында жаркыраган люстралардын жарыгы үй ичин ого бетер кооздоп ар түркүн мебелдер, ортодо гезиттер тура турган айнек үстөл, андан ары чет элдик мебелдер менен курчалган тамак иче турган үстөл, Акберди таңыркай туруп калган Мырзага:

- Кел Мырза, отур бул жерге, - деди өзүнө карай чакырып.

- Жарайт, сен айткандай болсун, - Мырза келип анын жанына отурду, - Мындай үйдө жашасаң жумуш иштөөнүн не кереги бар?

- Ээ иним, муну жай сүйлөшөбүз, алдын ала тамактаналы, - Акберди күлүп койду, аңгыча Тоту келип отурду, анын артына семиз этти табакка көтөрүп кызматчы аял келди, андан соң плов алып келди, мындай сыйды, чүйгүн тамакты көрбөгөн Мырза канчалык таңгалып турганы менен адеп менен тамактанып бүткөндөн кийин Акберди аны үстүңкү кабаттан бир бөлмөгө киргизди, - мындан ары сен ушул бөлмөдө турасың, - деди.

- Досум, сен мени туюкка камап койдуң, же туушкан болбосок, сени бетиме кармап бул үйдө туруп алганым болбос, бүгүн падышадай эс алууга болот, - деп Мырза күлүп койду.

- Сен эми ушул жерде болосуң, мага бир тууган да, дос дагы болосуң, эгерде окугуң келсе окуйсуң уктуңбу? - деп Акберди аны укпай чыгып кетти, Мырза чалкасынан түшүп диванга жатып алып ойлонуп жатты: "Менин жетимдикти баштан өткөргөн ачуу жашоомдо бул күндү элестеттим беле, ар убак келгендерди үмүттүү карап, менин дагы ата-энем келип калса кандай жакшы болот эле, деп жүрүп чоңойдум. Керебет, ашкана анан окуу бөлүмү, андан мектепке, анан кайрадан жатак бөлмө, ойноочу жай... Андан башка эмне көрдүм, тентектик кылганда тарбиячынын шапалагы, ачуу тили, жазалап кээде тамак бербей койчу мүнөттөр. Бир жолу тентектик кылганда ага түшкү тамакты бербей уктоого киргизип койду, ошондо Узак деген бала нан катып келип бергени эсине түштү", - деп ойлонуп жатып уктап кетти, бул учурда Акберди апасына Мырза жөнүндө түшүндүрүп айтып берди:

- Кыскасы анын эч кимим жок деп капаланганын уккум келбейт апа, аны өзүңүзгө тартып өз балаңыздай көрүңүз. Мырза абдан жакшы бала.

- Балам, балдар үйүндө өскөндөр кекчил болушат деп укканмын, бирөөнүн жакшы жашоосу ал үчүн терс көрүнөт, анын бактысын тартып алгандай башка адамдарды жек көрүп өч алгысы келет дешет балам.

- Апа, Мырза андай бала эмес, ал боорукер бала, абдан кичи пейил дагы, балдар үйүнөн чыкканына эки ай гана болуптур, биздикинде жүрө берсинчи, мен аны ини кылып алам, - деп Акберди апасына жалдырай суранды.

- Сен атаңдын кебин укпай иштеп алдың, ал сага таарынып жүрөт, окууга тапшырып окусаң болмок балам, бирок бул сунушуңду атаңсыз чече албасымды билесиң да.

- Билем, кандай дагы болсо атам менен кеңешип чечиңиз апа, - деди да Акберди уктоочу бөлмөсүнө кетти. Тоту ойлонуп калды, ал өзү дагы жалгыз кыз эле, атасы бардар жашачу, көзү өтүп кеткен, апасы менен бир туугандары тез-тез катташат, апасы Сайра колунан баары келген уз аял. Кызына тез-тез келип кабар алып турганга Тоту дагы көнүп калган, баласынын оюн адегенде апасына кеңешмек болду. Ошол учурда Акмат Исманович келип калды.

- Уулуң келдиби апасы?

- Келген атасы.

- Ал салпаяк дагы деле өз оюнан кайтпай жатабы?

- Ошондой го... Аа-а баса эми анын тынчын алба, бир дос баласы менен келиптир...

- Кайдагы дос баласы экен, өзүнө окшогон салпаяк болуп жүрбөсүн?

- Койчу атасы, Акым андай балдардан эмес, өзүнө ишенген акыл-эстүү жакшы балдар менен жүрөрүн билесиң го? - деп жойпулана күлүп ашкана жакшы карады, - Ээ Гуля, алып кел тамагыңды!

- Жарайт эжеке, азыр алып барам.

- Жок апасы, тамагыңа ыраазымын, кардым ток убара кылба, - деп Акмат туруп уктоочу бө лмөсүнө көтөрүлдү.

- Тамак даяр... - деген Гуля жоопсуз туруп калды, Тоту күйөөсүнүн артынан чыгып кетти, ошентип Акмат Исмановичтин үйүндө өз ара тирешүүлөр жүрүп жатты, Акберди кызматынан пайдалангандарды абдан жаман көрөт, анан дагы алардын үйүнө чоочун адамдар көп келип кымыз, май-сүт, сүр эттер чучук баштаган жылкынын казы-картасын алып келип турат. Пачкалаган акчалар колуна тийгенден кийин кайсы бир окуу жайга чалып бирөөнү окууга өткөрүп же кызмат ордун алмаштыргандарды билип көрүп турган Акберди атасынын ишине каршы, өзү карапайым адам болгусу келет. Ага Акмат Исманович моюн бербейт: "Май кармаган бармагын жалайт", - дегендей бул кызматты ага ичип-жеп тирүүдө каалагандай жашасын деп буйругандай сезет. Эртеси эртең менен Мырза эрте турду, ал биринчи кабаттагы ажатканадан чыгып келе жатып эле Акмат Исманович менен беттешип калды.

- Саламатсызбы? - деди кичи пейилдик менен жол бошото.

- Саламат, - деп кирип кетти Акмат, аңгыча Акберди дагы туруп келип калды, алар бири-бирин карап ийин куушура туруп калды.

- Папаша кирдиби? - Акберди шыбырап сурады эле ал баш ийкеди, экөө ары көздөй басканда Акмат чыга калды.

- Акы, отур сүйлөшөбүз?

- Жуунуп алайын, - Акберди душка кирип кетти.

- Тез кел, - деп үстөлгө отурду. Мырза аны карап туруп калды. Жуунушуп баары тегиз отурган кезде, - Сүйлө, иш кандай? - деди баласын көзүнүн төбөсү менен карап.

- Жакшы эле...

- Досуң менен тааныштырбадың го?

- Аа-а, аты Мырза, жөнү Айыпов, мен менен бирге иштейт.

- Жакшы-ы, - Керсейе креслого чалкалай карады, - Кай жерден болосуң жигит?

- Мен жетиммин байке, - деди Мырза шыр эле.

- Ата, эми кай жерлигинин мааниси кайсы, Мырза менен жакын досум, анан да...

- Ооба-ооба атасы, - Тоту Акбердини сүйлөтө койбой ортодон чыкты, - Мырзанын кай жерлиги маанилүү деле эмес. акы менен теңтуш экен, жаштардын мамилеси, бири-бирине мүнөздөрү келишип калса жакшы эмеспи.

- Да-а, биздин уулга оңой адам жакчы эмес эле айтам да, - Акмат Исманович аны сынай карады, - Сен кайда өскөнсүң Мырза?

- Балдар үйүнөн бир ай мурун эле чыктым.

- Азамат, шыр анан туура айтканың жакты.

- Жетим болсом, калп айтып эмне кылам байке?

- Окугуң келеби?

- Кантип? - Мырза Акбердини карады эле, ал башын ийкеп макул бол дегендей жылмайды.

- Мен сени окутамын, сен ишеничимди актасаң уулумдун иниси болуп каласың.

- Ата, чын айтасыңбы? - деп Акберди кубанып кетти.

- Ооба, бирок экөөңөр тең менин айтканымды орундасаңар...

- Кандай?

- Сен Мырза менен бирге окууга тапшырасың.

- Болуптур ата, айтканыңдай болсун, Мырзаны уул кылып алсаң болду.

- Жарайт, эгерде Мырза макул болсо аны мен уул кылып алууга даярмын.

- Ата, ыраазымын сизге! - деп Акберди жаш баладай кубанып атасын кучактап алды, - Эми Мырза деген менин иним бар туурабы?

- Албетте, сенин иниң, менин дагы бир уулум бар, - Акмат жылмая Мырзага кайрылды, - Кана уулум келчи жаныма.

- Сизге кандай ыраазычылык билдирээримди билбей калдым, - Мырза анын жанына келди, - Уул кылса алса деп бала чагымдан кандай кыялданаар элем, аттиң ушул күн таттуу кыялдарга баткан балалык кезимде ишке ашса эмне, - Мырза көзүнө жаш ала ыйлап жиберди, - Эми да кубанганымдан эмне деп айтаарымды билбей турам.

- Бул тагдырдын жазмышы, эми сенин үй-бүлөөң ата-энең менен агай бар, - Акмат карс-карс күлдү, - Бүгүндөн ары эркин бол, өз үйүңдөй бол.

- Ыраазымын ата, өз ата-тегимди билбесем дагы ата-энени сыйлаганды билем, - деп башын жерге салды, - Эгерде макул десеңиз бүт аты-жөнүмдү өзгөртүңүз.

- Аны кийин ойлонолу, азып Акы экөөңөр китептерди көп окуу менен алектене бергиле, окууга тапшыруу үчүн али көп бар, - деди да Акмат Исманович ордунан туруп кийинди да чыгып кетти:

- Апа уктуңбу, менин эми бир тууган иним бар! - Акберди апасын кучактап калды.

- Тентегим десе, дагы эле кичинекейиңдегидейсиң, - Тоту оор улутуна мырзага жылмая карады, - Келе гой балам, келчи кучагыма, - дегенде Мырза ага жетип кучактап калды, - Берекелерим, кудайым табышкандарым, сени Акымдан кем көрбөйм Мырза, уулум менин, сен эми менин жүрөгүмдүн бир бөлүгүсүң, Акым каалаганды мен дагы атасы дагы аткарабыз.

- Апа, апакебай!!! - Мырза Тотуну кучактап ыйлап ийди.

- Уулум! - Тоту дагы аны чын дили менин мээримин төгө кучактап жүзүнөн, чекесинен өөп, - Садагаларым менин, кудайым берген береке-ырыстарым, - деп ыйлап турду, ошентип Мырзаны ал үй-бүлөө кучак жайып тозуп алышты, ал кубанычтан толкунданып асты Акбердиге ыраазы. Акмат аны оңой менен кабыл алмак эмес, жалгыз баласы такыр эле айтканына көнбөй өз бетинче кетип, өз билгенин жасап жатканга эптеп көңүлүндөгүнү табуу керек эле, оңой берди болуп Мырза шылтоо болуп көздөгөнүнө жетмек болду, Тоту болсо уулунун жалгыз болуп калганына кейип жүргөн, чын дилинен жалгызына арка-жөлөк болоор деген үмүттө апасына кеңешмек болгон эле, бирок күйөөсү ал чечимди өзү кабыл алганга ичинен кубанып турду. Аздан соң Мырзага жаңы костюм шым, бир сыйрасын берип эски кийиминин баарын өрттөп салды, кийимдердин жаңысын бөлмөсүнө алып кирип шкафына коюп алмаштыра турганын айтты, жаңы туфлилерди, пачкасы менен байпак, көйнөктөрдү көргөндө Мырза түш көргөндөй эле болду: "Эми бул адамдардын алдында мен милдеттүүмүн, ата-энеден дагы жогорку деңгээлде туруусу керек, адамдык мамилеге адамча жооп берүүм керек", - деп ойлонуп жатты. Акбердинин алдында машинасы дагы бар эле, аны айдабай жөө жүргөнүнө таңгалды: "Мындай дөөлөттүү үйдө чоңойсо анан неге бул карапайым иште иштеп жүрдү, мунун алдында Мелис жөн эле бирөө экен да, болгону өздүк фирмасы бар экен, бул киши өкмөттүк кызматкер болсо, демек менин багым жанды, ушундай адамдарга туш болдум, кудайым колдогон жан экенмин", - деп ойлонуп атты. Ошол күнү Акберди экөө унаага отуруп китепканага барышты, ал жерден керектүү китептерди алып анан бир кафеден тамактанышты, ошол кезде Мырзанын телефону чырылдап калды:

- Ало, угуп жатам, а-а мен иштебейм дедим го, жо-ок кереги жок, ойлонгум дагы келбейт, - деп өчүрүп салды, - Мелис, кайтып кел дейт.

- Кереги жок, анын андай кара иштеринин бизге кереги жок, - деп Акберди айтканда Мырза аны таңгала карады.

- Сен аны кайдан билесиң?

- Адегенде мага сунуш кылган, мен болбой койгонмун.

- Ал иштин кара экенин сен кайдан билесиң?

- Мен анын тапшырмасынан эле түшүнгөнмүн.

- Мына кызык, мен аңкоо акысы көп болоорун укканда эле маанисине карабай кете берипмин да ага, - Мырза сүйкүмдүү жылмая күлүп койду, - Мындан ары агамдан үйрөнөмүн, баарын байкагыч боломун.

- Түшүнүктүү, эмесе кеттик, китеп окуубуз керек.

- Кеттик, - Экөө туруп алып сыртка чыгышты, алар келгенде Тоту апасы менен отурган, экөөнү көрүп мээримдүү жылмайды.

- Апа, менин уулдарымды карачы, биринен-бири өткөн келбеттүү жигиттер.

- Көз тийбесин кызым, амандыгын тилей бер, - деди Сайра экөөнү беттеринен өөп, - Аман жүргүлө кагылайындар. Ошону менен алар үстүңкү кабатка чыгып кетишти, Тоту менен Сайра саамга үн катпай отуруп анан сөздү Сайрага карай Тоту баштады.

- Ыманы ысык бала, бей күнөө адам баласы да апа.

- Аның ырас кызым, бирок адамдын бери карача жүзү жылуу, ары караса оорусу суук деп коет, ичи кандай ким билет, этият болгулачы.

- Эмне, бир жамандык кылат деп ойлойсузбу?

- Ким билет, айтуу кыйын кызым, сактыкка кордук жок деген...

- Кудай сактасын.

- Баалуу буюмуңарды, акча каткан жайыңарды ага көрсөтпөгүлө, дүнүйө адамды азгырат, жаш бала тура, ичи тазадыр же бир максаты бардыр байкап жүр кызым.

- Макул, баарын байкап турам, бизге жамандык кыла койбос, - Ошол бойдон эне бала үндөбөй калышты. Бирок Мырзанын жаман ою жоктугуна Тоту ишенип турду, чынында ошондой эле, ал тынч гана максатына жетип жакшы өмүр сүрүүнү көздөйт, анан эч качан аялын баласы менен таштабаганга өзүнө-өзү ант берген, аны Акберди дагы билет. Апасынын же атасынын ким экенин билбегенине арданчу.

Акберди жыйырма бирде, эрке өскөнү менен керек жерде гана эркелеп дагы деле мүнөзү өзгөрүлө түшөт, бирок атасынын терс көрүнүштөрүн бетке айтуудан кайра тартпайт, убакыт билинбей өтүп аларды окууга киргизди, экзаменге чейин Мырза тырышып китептен башын көтөрбөй жүрдү, акыры студент болгондо гана ишенди. Окууга дилгир Мырзага Акмат абдан ыраазы, ал Мырзаны өз атына которуп алган, ата-апалап жаны калбай айтканын илгиртпей аткарып турат. Акберди анын көңүлү көтөрүлүп каалаганындай жашап жатканына ыраазы болуп окуусуна киришти, сабакты жакшы окуганы менен колдоосу күчтүү эле, ал ага жакпай кээде окууну таштап басып кеткиси келет, бирок ал Мырзанын кийинкисин ойлоп унчукпады. Ошондой күндөрдүн биринде ал Бегимайга жолугуп калды, аны жөн гана аялдамадан көрдү, жупуну болсо дагы боемосуз кагаздай аппак жүзү, ууртундагы уячасы, тармал чачтары, арыкчырай узун боюна жарашкан татынакай гүлдүү көйнөгү. Өзү унаасы менен Мырзаны күтүп турган, бир кезде ал келип калып алаксый түшүп кызды таппай калды, сыр билгизбей мырзаны салып алды да акырын жүрүп кетти, андан кийин ар дайым ошол аялдамадан кызды издей берчү болду, бирок таппай келет. Убакыт билинбей эки жыл өтүп кетти, Акмат бара-бара Акбердиге караганда мырзага көнүп кеткен, жанына баш кезде салып да алчу болду, ар кайсыны айтып бир иштерин бүтүрүп келет, Мырза ага ыраазы, анткени ал өзү каалагандай билим алып жашоого берилген эшиктин алтын кулпусун колуна алган. Окуусун бүтсө үйлөнүп үй-бүлөө күтүп татыктуу күйөө анан дагы сүйүктүү ата болуп өмүрүн ойдогудай тынч өткөргүсү келет. Акберди экөө абдан ынак, сырларын айтышып бир топко каткырып отура беришет, көптөн бери суз, көңүлү ачылбай жүргөнүн байкаган Мырза Акбердиге кайрыла минтти:

- Сен бирдемеге капа болуп жүрөсүңбү?

- Жо-ок, эмнеге капа болмок элем? - Акберди көзүн ала качып жер карады.

- Мындай эмес элең, сенде бир өзгөрүү бар.

- Кандай өзгөрүү?

- Сен бирөөнү сүйүп калгансың.

- Көп сүйлөбөчү, эмне рентгенсиңби?

- Көрүп турам, - Мырза күлүмсүрөй карады, - Сулуу кызбы ыя?

- Болду, бекер келтек жеп каласың.

- Эмне сүйүүңдү айта албай жатасыңбы? - Мырза ого бетер жабышты.

- Сүйлөбө дедим го сага, - Колун көтөрдү.

- Аа-а, али аты-жөнүн билбейт экенсиң да.

- Эмне, сен келжиреп жатасың эй бала.

- Дайынын да билбегениңди билдим.

- Сс-ен, сен аны кайдан билесиң? - Акберди ага таңгалды, - Сага күзгүдөн көрүнгөндөй айттың го, кантип билип алдың?

- Сенин ар бир ачууңдун келгенинен.

- Кызык.

- Кызыкты кой, кана ал кызды кайдан көрдүң, биз табабыз аны минтип жүрсөң ооруп каласың, - деп Мырза аны далыга таптай күлдү, - Кана ага, мындайда өзүңдү шайдоот-шайыр алып жүрбөсөң болбойт, махабат дарты жөн оорудан дагы жаман, - Мырза аны колтуктан алды.

- Таба албайбыз го?

- Эмнеге, бир күнү болбосо бир күнү табабыз.

- Бир көргөн кызды табуу кыйын го иним?

- Кам санаба, ит менен издейбиз, - Мырза каткырып жиберди.

- Сага күлкү да, менин эмне болуп жатканымды түшүнбөйсүң, - Акберди ага таарынып көмкөрөсүнөн жатып алды, Мырза анын көңүлүн ачууга ар кандай амал кылып мышыкча мыелоп, итче үйүп, бирде сагызган болуп шакылдап кайра күкүк болуп муңканып жатканда, - ээ-эй сенин өнөрүң укмуш го, мындайыңды жашырып кантип жүрөсүң? - деп Акберди башын көтөрө карап калды.

- Агасынын көңүлүн табуу үчүн ар кандай кылыкка барат да иниси, кабатыр болбо дедим го?

- Болуптур, ал эми бир көргөн түштөй өтүп кетти, сабак окуйлу.

- Мага ошол кыздын турпатын эле айтып берсең, - деп Мырза ага асылып туруп алды, - Кандай кыз эле?

- Кымча бел, - Акберди ошол күнү көргөн кызды көз алдына келтирип алды, - Көздөрү анча чоң эмес, бирок капкара каректери көзүңдү тайгылтат, тармал кара чачтары кашына окшошуп кадимки цыган кыздарын элестетет, бирок кыргыз кыз экенин көрүнүп турат, жүзү аппак, бирок кабагы бүркөө...

- Сүрөтүн тартып берейинби?

- Кийген көйнөгү такымынан ылдый, элик шыйрак... - Акберди куду көрүп тургандай отуруп айта берди, - Ооздору бөйтөйүп кыпкызыл, көзүн ылдый кылса кирпиги төгүлөт...

- Романтик болуп кеттиң го? - Мырза аны саамга карап туруп анан ордунан тура алакандарын жаный аны карап турду, - Махабат ай махабат, акылдууну акылсыз, акылсызды айбанга айландырган махабат, ушунчалык дагы сүйүп калууга болобу, мындайды башымдан өткөрбөгөнгө мен дагы таңгалып турам, бирок ушунчалык эле чөгүп кетүүңө жол бербейм! - деп ары-бери басты.

- Болду, баарын унут досум, мен эми аны ойлобогонго аракет кылам.

- Жо-ок, баары бир мен аны табам деп убада беремин!

- Жарайт-жарайт, албетте тапкын, мен дагы сага ишенейин, - Акберди күлүп жиберди, - Менин ишенген бир гана иним барына сыймыктанамын, - Экөө тең үнсүз үстөлгө отуруп китеп караганы менен ойлору башка жакта болуп жатты, алар ошол күнү бири-бирине ишеним артып турушту, бул достуктун жана бир туугандыктын бири-бирине болгон чыныгы ишеними, жана сыйы эле. Экөө эки башка окуу жайда окушса дагы ойлору бир жерде, бир күнү Мырза Айданек деген кыз менен бирге чыгып келе жаткан, алар көптөн бери жөн гана группалаш катары мамиледе болгону менен кыз Мырзаны чындап сүйүп калган болчу. Акберди болсо өзүнө жабышып жанаша басууга аракет кылган кыздарга дагы көңүл бурбайт, өзү менен өзү. Сезим Акбердинин көңүлүн бурдурууга канчалык далбастаганы менен ал ага карабайт дагы, ээн талаа эрме чөлдө жеп издеп кайкып учкан, карлыгач сымал отурса-турса дагы көз алдында, кайда карабасын суйкайган сулуу кыздын элеси турат. Бара-бара сабакка келсе-келет келбесе шаар ичиндеги троллейбус-автобустарга түшүп алып ага түшкөн элдердин арасын, аялдамаларды карап бул башынан тигил башына барып жүрө берчү болду, экзамендин кандай өткөнү ага кызыксыз дагы, келип эле баалары коюулап калат. Жайкы эс алууга чыгаар алдында Сезим:

- Акберди, быйыл эс алууга барасыңбы? - деп калды.

- Жок, эс алуу оюмда да жок.

- Кантип, эс албайсыңбы ээ?

- Эс алам өзүмчө, көлгө барам, паркка чыгып дегендей...

- Давай көлгө барсаң чогуу баралы.

- Эмне, сени мененби?

- Ооба, эмне экен?

- Жок, мен сени менен барбайм!

- Эмнеге? - Кыз ага таңгала карады.

- Жөн эле, мен кыздар менен бирге жүргөндү жаман көрөм.

- Эмне үчүн?

- Ошого.

- Акберди, сен жаш баладайсың, мүнөзүң дагы баладай, - Сезим анын маңдайына келди, - Сен сүйүп көрдүң беле?

- Жок, сүйүү деген эмне? - Акберди атайын аңкоолонду.

- Чын эле билбейсиңби?

- Ооба, айтсаң сен сүйдүң беле?

- Жинди! - Сезим ары карай басып барып кайра бери бурулду, - Акберди, эч качан кыз сүйүп көргөн эмессиңби? - Сезим аша жакын келди, - Айтчы, сүйүп көргөн жок белең?

- Жо-ок, - Акберди бурулуп кетти, - Мен сүйүп көргүм да келбейт Сезим.

- Эмнеге? - Сезим анын маңдайына өттү, - Сен үчүн күйүп бышып, мен деп күнү-түнү уйкудан калып, сенин бир сөзүңдү угууга зар болгон кыздардын тагдыры сен үчүн оюнчукпу? - Тике маңдайына келип жүзүнө жакындатты, акырындап бойлошуп ооздору-ооздоруна тийише баштаганда экөө тең демиге бири-биринин деп алышы, жүрөк кагышы угулуп көздөрү жумулуп бара жатты. Ошол кезде Сезим, анын оозуна жетип өрөпкөй өөп калганда ары жактан:

- Акта-ан! - деген Мырзанын үнү угулду эле экөө бөлүнө түштү, Мырза ага жете келди, - Кеттикпи агаим?

- Кеттик, кеттик, - Акберди шашыла унаасына басты.

- Ага, мен бир кызды таптым, бирок албы билбейм.

- Кайдан таптың?

- Барып көрөбүз, кеттикпи?

- Кеттик, - Акберди унаасын айдап жөнөдү, - Кана кайда?

- Ак-Өргө жакка, эгерде ошол кыз болсо анда таптык.

- Ишенич жок, ал кыз эмес болсочу?

- Көрөбүз да акеси.

- Жарайт, бара көрөлү, - Экөө тең унчукпай калды. Ал Мелис сүйүп жүргөн Аруужаз деген кыз эле, кийинки кездери Мелистин келбей калганына кабатыр болуп ата-энесинин колунда жогуна арданып ыйлап алчу. Окуюн десе окуй албай, иштегенге көп суммадан акчасы жок, атасы оорукчан, апасы базарга чыгып эптеп күнүмдүк оокаттын таап келет, Аруужаз алардын жалгыз кызы, үч эркеги бар, инилери жаш, үйдөн манты, оромо жасап анан базарга жеткирип турат. Мелис менен таанышкандан кийин жакшы кийингенге аракет кылды, бирок күнүмдүк түшкөн акча эч нерсеге жете койбоду. Кыз бала каалагандай кийинип, каалагандай жүргүсү келгени менен анын намысы оорукчан атасын, күндөп-түндөп жаны тынбай камыр жууруп уйкудан калып манты оромо бышырып кайра таң ата базарга барып күйпүл күчүк болгон апасын аяп басып кете албады. Мелис канча жолу алардын үйүнө шынаарлап келип сүйлөшүп, далай жолу кафе ресторандарга чакырды, бирок ал болбоду, келбети келишкен, алдында машинасы бар жигиттин жанында өзүнүн жупуну кийими менен жүргөндөн уялды. Анын үстүнө бечаранын баласы бечарадай болуусу керек деген ойго бекип алган, өң келбети келишип жаңыдан бой жеткен кызы бар үйдү далай эле жигиттер шынаарлап, атайын гүл жөнөтүп сүйүүсүн арнагандар да жок эмес эле. Бирок ан сайын басынган кыз үйүнөн бир кадам чыкпай, оорукчан атасынын тамагын берип жанынан чыкпайт, үч иниси мектепке барбай калган, Аруужаз алтынчы класска чейин окуп анан окубай калган эле. Бир күнү күүгүм ченде Мелис келип телефон чалды, Аруужаздын колунда эски телефон бар, анын номерин алгачкы күнү эле алып алган Мелис, анын чалганын көрүп улам басып коюп жатканда эң кичүү иниси Бекзат колуна гүл алып, пакетке шоколад, торт көтөрүп кирип келди. Каным базардан келе элек болчу, Болот уктап жаткан, Бекзаттын артынан чоңураак эки иниси кирип туруп калды, анткени Аруужаз сөөмөйүн оозуна такап: "Атам ойгонот", - дегендей белги берген эле.

- Эже, сизге бул гүлдөрдү, тортту Мелис байке берди.

- Коюп кой, акырын отургула, мен азыр келем.

- Каякка барасыз? - деди өзүнөн кийинки иниси Акмат.

- Силер торт жеп, чай ичип отуруп тургула, апам келсе Сауленин үйүнө кетти дегиле макулбу? - деди да шашылыш чыгып кетти. Акмат улуураактык кылып Мирзат менен Бекзатка тортту кесип берип чай ичип анан жатып алышты, аларда телевизор дагы жок эле. Аруужаз эки жагын карана унаага жеткенде Мелис түшүп келип кызды сүйө учурашты.

- Аруужаз, эмнеге жолугуудан качасың?

- Мелис, менин оюмча биз өз-өз жолубуз менен кеткенибиз дурус...

- Эмнеге андай чечимге келдиң?

- Биз баары бир теңдеше албайбыз, сенин үй-бүлөөң мени каалабасын түшүнүп турам, - Кыз иймене карады, - Убара болгонуңду токтот, менин азыр жигит менен сүйлөшөөр абалым да жок, бечаранын жашоосуна киришпе демекмин Мелис, кош бол! - деп басып кете бермек болгондо Мелис аны колдон кармап калды.

- Неге мындай коштошуубуз керек Аруужаз, менин сүйүүм сен үчүн эчтекеге да арзыбайбы?

- Ушунубуз жакшы Мелис.

- Жо-ок, мындай болбойт, - Кыжырлуу жылмайып колун кайрып машинасына салаарда кыздын колу ооруганынан кыйкырган үнү чыгып кетти, аны жакын арада өтүп бара жаткан бирөө угуп кайрылып келе жатканда Мелис кызды кое берди, Аруужаз буту-бутуна тийбей жүгүрүп жөнөдү. Мелис аргасыз унчукпай калды, кийин бир канча жолу СМС жазды эле бир гана: "Мен сен үчүн жокмун, убара болбо", - деп жооп берип койгондон кийин унчукпай калган. Мырза менен Акберди акырындап айдап алардын үйүн акмалап кызды көрүүгө ашыгып унааны алыс коюп өздөрү эки башка адамдай үйдүн жанынан өтүп бара жаткан болуп Мырза:

- Үйдө ким ба-ар? - деп үн салды.

- Ким керек эле? - деп Аруужаз чыга калды, инилери күндүзү ойноп үйгө токтошпойт, - Кимди издеп жүрөсүздөр?

- Аа-а, менби, мен... - Мырза артын карады, көрсө өзүнөн ары жакта Акберди турган экен, - Аа-а, биз... биз бирөөнү издеп жүрдүк эле.

- Кимди? - Кыз бырс эте күлүп жиберди, анын ушул жупуну турушунда өзүнчө эле бир көркөмдүк, нукура кыргыз кызынын жүзү турган болчу, - Издеген адамдын аты кими? - деди жылмая карап, Мырза менен Акберди тилден калгандай бири-бирин карап ийин куушурушканда кыз ого бетер оштоно төрт салаасы менен оозун басып алып берилип күлүп жатты, анын күлгөнүн карап турган экөө бир кезде ага кошулуп күлүп киришти, саамга чейин күлүп жатып, анан Аруужаз мостое калганда алар дагы күлгөнүн токтото унчукпай калышты, - Деги сиздерге эмне керек эле, же аты, дареги жок адамды издеп жүрөсүздөрбү?

- Чоң кыз, биз чынында эле сизди издеп жүргөнбүз, - деп Мырза Акбердини карады, - Бул менин агам Акберди, а мен Мырза...

- Эмнеге, мени эмнеге издеп жүрөсүздөр? - Кыз көзүн алайта карады, ал Мелис жиберген экен деп ойлонуп жиберди, - Же бирөө жөнөттүбү?

- Жок-жок, ким жөнөтмөк эле, биз жай эле өтүп бара жатып сиз менен азилдешип калдык, - деди дагы деле Мырза.

- Кызык экен, эмесе менин убактым аз эле, сиздер өз жолуңуздар менен болуңуздар, - деп Аруужаз үйгө кирип кетмек болгондо:

- Чоң кыз атыңызды айтып коюңузчу, - деди Мырза шашыла.

- Атым Аруужаз, - деп ал жылмая карап коюп кирип кетти, ошол күнү Акбердинин жүрөгү элеп-желеп болуп улам кыздын кыймылы, көз карашы көз алдына тартылып: "Аруужаз, кандай жакшы ат, Аруу анан жаз деп жакшы койгон экен, мындай ат анын өзүнө дагы жарашып турат, кандай бактылуумун", - деп кыялданып көңүлү дагы куунак тартып таңкы чайга отурганда апасын кучактап өөп анан отурду, анын мындай кубанычтуу абалын алгач көргөн Тоту:

- Менин балам бүгүн башкача го Мырза, эмне болгон? - деди күлүп.

- Апа, ал бир токойдон жалгыз өскөн кооз гүл көрүптүр.

- Жаман эмес, уулум гүлгө суктаныптыр да ээ?

- Суктанып эле калбай үзүп алгысы келет, - Мырза күлмүңдөй көзүн кысканда Тоту кубана мээрим чача күлүп:

- Ыя де, уулум агаңа айтчы, ошол гүл жакса үзбөй алып келсин, - деди.

- Жарайт, - деп күлкүсүн араң тыйган Мырза Акбердиге кайрылды, - Ага, ошол гүлдүн бир жерине зыян келтирбей алып келсин дейт апам.

- Айтып кой, качан десе даярмын, - Акберди мостое карады.

- Апа, алып келүүгө болот дейт агам.

- Анда айтып кой уулум, бүгүн атасы менен кеңешүүгө болот.

- Апа! - деп тура калды Акберди, берки экөө аны таңгала карап туруп калды, - Атам макул болбойт!

- Эмнеге уулум, андай эркин өскөн кызыл гүл уулуна жакса неге каршы болсун?

- Апа, мен атамды жакшы билемин, - деп Акберди Аруужаздын үйүнүн сырткы көрүнүшүн көз алдына келтирип алды, - Ага өзүндөй чыкчырылган байлар жагаарын билемин, Аруужаздын ата-энеси ага жакпайт, колунда жокторду киши ордуна көрбөсү белгилүү го?

- Жо-жок балам, силер каалаганды жасайт, сен улуу болгондуктан үйлөнүшүң керек, анан Мырзага кезекти бересиң, ал дагы бой жетпедиби, - Тоту күлүп ордунан туруп уулунун жанына келип чачтарынан сылап жаагынан өөп ойлуу, - Мен аны көндүрөм, кыз сага жакса болду, - деди.

- Чын элеби апа, ал анан тиги досумдун же тигил чоңдун кызын аласың деп мени түпсүз капаска камабайбы?

- Бул эмне дегениң уулум, сен кабатыр болбой тамагыңды ич да жатып эс алгыла, мен атаңдын келишин күтөм, - деп туруп кетти, Мырза менен Акберди тамактанып алып өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти, Тоту абдан ойлонду, күйөөсүнүн сырын жакшы билгени менен ал уулун жубатып койгонуна кыжаалат болуп турду, чынында бир жолу экөө отурганда Акбердини үйлөнтүү керек экенин сүйлөшүп отурганда: "Тоту, Акыга бир жакшы кыз таптым, коргоо министринин уулу, экөөбүз бир аз сүйлөшүп калдык, кызы чет өлкөдө окуйт экен", - дегенде Тоту: "Койсоңчу атасы, Акынын сырын билесиң го, өзүнө жакпаган нерсеге өмүрү макул болбойт, өз ыктыярына койсоңчу", "Көп сөздү кой, анын артында көп нерсе жатат, акылсыз балаң түшүнсө өйдөлөгөндөн өйдөлөп өкмөткө чейин жете алабыз, окуусун бүтсө бир кызмат турат ага, калганы ошол колдоочулардын колунда экенин түшүндүрчү балаңа, биз экөөлөп бийликти көздөй кол сунсак болбойбу", - деп корсулдай туруп кеткен: "Демек Акы туура айтат, атасынын ою такыр башка, мен ал кызды көрүп келүүм керек, эгерде ошондой уулум жактырчу кыз болсо сөзсүз алып берем", - деп ойлонуп Акматка айтпай турууну ойлонду. Эртеси ал Мырзадан дарегин сурап алып кызды көрүп келүүгө такси менен барды да акырын эшигинин алдына барды, короосу тозулбаган эки бөлмө времянканын алдында очок, анын жанында тактайдан коюлган үстөл, ары жакта кир жайган керме, чөөгүн менен суу куюлган эскилиги жеткен бочкадан бөлөк эч ким жок эле. Ошол учурда үйдөн колуна чара көтөрүп чыгып келе жаткан Аруужаз аны көрүп чоочуп кетти.

- Сиз...

- Кызым, бул үйдө турасыңарбы? - Тоту кызды көрүп көңүлү жайлана түштү, Акбердиге ылайык деп дароо ойлоп ийди.

- Ооба, сиз кимсиз?

- Мен сенин ата-энең менен таанышканы келдим эле, үйдө бирөө жарым барбы? - Жылмая жооп күттү.

- Мм, атам бар эле, бирок ал ооруп жатат.

- Сууктап калгандыр?

- Жок, көптөн бери төшөктө...

- Кудай сактасын, жакшы болуп кетсин кызым.

- Рахмат...

- Кирсем болобу? - деп жылмая карады.

- Кечирип коюңуз, үйгө кириңиз, - деп Аруужаз калдастай түшүп кызарып кетти, анан жол бошото үйгө колун жаңсады, - Кириңиз, - деп алып: "Балким Мелистин апасы болуп жүрбөсүн, атайын жиберсе керек, анда ал мени сүйөт, анда эмне кылам кудай ай, үйдө нан да жок эле, апам келгиче эптеп каткан нанды жеп отурганыбызды билсе каршы чыгат го, неге биз мындай абалда жашайбыз, апамдын тапканы атамдын дары-дармегине кетип эптеп жашап жатканыбызды билсе баш тартат, итке минген кедейдин кызын ким эле баласына алып бере койсун", - деп ойлонуп кетти. Болотбек улам кусуп зорго жаткан эле, Тоту кирип ага:

- Жакшы болуп кетиңиз, - деди.

- Кудай жалгасын, сиз кимсиз? - Зорго сурады.

- Сиздин ооруңуз кайсы жерде?

- Өпкөдө карындашым, күнүм бүтүп бара жаткан сыяктуу, - Ыкшып жөтөлүп кирди.

- Андай дебеңиз, ооруну сакайтса болот байке, - Тоту сыңар тизээлей анын жанына отурду, - Врачка көрүндүңүз беле?

- Ооба, жатканда көп акча керек экен, ансыз дагы балдарымды окутпай аялымдын тапканы менен күндүк өмүрүмдү сактоого кетип жатат.

- Макул эмесе, бир себеби табылаар, мен кетейин байке, буга дары-дармек алдырып алыңыз, - деди да кошелогунан акча алып жаздыгынын алдына койду, ага нан ооз тийгизмек болуп келе жаткан Аруужаз аны босогодон каршы алды:

- Чай, ичсеңиз болмок, кетип жатасызбы?

- Кийин ичээрбиз кызым, баса атың ким?

- Аруужаз...

- Атың да, өзүң дагы жарашкан аруу кыз экенсиң кызым, апаң качан үйдө болот?

- Үйдө болбойт го...

- Неге, эс албайбы?

- Жо-ок, жумушу көп го...

- Эмесе эртең келем кызым, апаң бир күнү үйдө болсунчу, - деди да кызды мээримдүү карап жөнөп кетти, такси күтүп турган жерге келип акырын үйүнө келди: "Кандай гана кыйын ээ, ошол турмушта жашап күн көрүп жатышканын кара, балдары окубай калыптыр, демек оорусу күч, жардам берүү керек, болбосо Акмат эч качан жардам бербейт дагы макул болбойт", - деп ойлонуп, адегенде тааныш врачка чалды, аны менен сүйлөшүп коюп, эртеси врачты ээрчитип барып Болотбекти көрсөтмөк болду. Аруужаз аны узатып үйгө киргенде Болотбек алсыз:

- Кызым, бул аял ким? - деди.

- Билбейм ата.

- Жаздыктын алдын карачы.

- эмне болду? - Аруужаз суроо менен бирге жаздыктын алдынан миң сомдуктан бети сууруп чыкты, - Бул эмне ата?

- Дары-дармекке деп таштаган, канча экен?

- Беш миң...

- Ошончо таштаган аялдын бир максаты бар го дейм?

- Кандайча?

- Менин бир карындашым он жашында жоголуп кетти эле, ошолбу дейм бул, өзүн айта албай ушинтип жардам бергиси келип жаткандыр? - деди Болотбек, - Эгер ал болсо кандай кубаныч, апам менен атам Зейнептин азабын тартып жүрүп көзү өтүп кетти, - Көзүнө жаш алып онтоп алды, - Байкушум тирүү экен да, айта албай кетти окшойт, жашообузду көрүп дагы капалангандыр.

- Эмне болуп жоголду эле ата?

- Ойноп жүрүп эле жоголуп кеткен, таппай отуруп калганбыз, биз андан түңүлүп калганбыз, быйыл туура кырк үчкө чыкмак тирүү болсо.

- Сүрөтү бар беле ата?

- Самат акеңдикинде болуу керек, эски альбомдо жүргөн.

- Эгерде көрсөм тааныйм, - деп Аруужаз ишенип калды, адегенде дүкөнгө барып эт аш алып келип атасына ысык тамак жасап берип, инилери болуп бир тоюнмак болуп отурушканда Каным келди, ага болгонун болгондой кылып айтып беришти, ал дагы чарчады, өзү дагы эс алмак болуп турган, кечки ысык тамакка тоюнуп жатып калышты, эртеси үйүн жыйнап Аруужаз өзүнчө бирөөнү күткөн өңдүү, атасынын айтканына ишенбей: "Ал Мелистин апасы болуусу мүмкүн, ал атайын жиберген чыгар, анткени мени сүйүп калган, ошол үчүн апасын мага жиберген", - деп өзүнчө кудуңдап жүрдү, бир кезде унаа келип токтоп, андан Тоту менен эки адам түштү, биринин колунда врачтын аппараты жүрөт:

- Кызым, атаң дуруспу? - деди ал карап туруп калган Аруужаздын жанына келип, - Апаң үйдөбү?

- Ооба, апам үйдө.

- Жакшы, - деп койду Тоту, ээрчише алар үйгө кирип дароо эле Болотбекти көрүп анан врач:

- Оорунун жеңил түрү экен, айыктырса болот, аракетти жасоого болот, - деди.

- Эң сонун, анда азыр эле ооруканага алып баруу керек, кечиктирүүнүн кажети жоктур, - деп айткан Тоту өзүн таңгала карап турган үй-бүлөөнү бир карап алып өзүн ыңгайсыз сезип кетти, - Кечиресиңер сиңдим, мен өзүмдү тааныштырбай эле...

- Эчтеке эмес дечи, - деди Каным тартынгандай, - Аргабыз кетип көздөн кар учуп калганда кол учун сунган адамга таңгалып да ишенбей да турабыз.

- Менин атым Тоту, кайрымдуулук фондунда иштейм, - деди Тоту өзүнүн кесибин айтып, атайын жардам берүүгө келдик.

- Андай болсо сизди кудай жалгасын, ылайым балдарыңыздын урмат-сыйына татыңыз, - деп Каным кубанып кетти, муну уккан Аруужаздын дагы кубанычы койнуна батпай турган менен: "Мен Мелистин апасы экен дебедим беле, көрсө кайрымдуулук фондунан тура", - деп сууй түштү. Ошентип сырдуу мүнөттөр өтө берди, Болотбек акырындык менен сакайып бара жатты, үйүнө күн алыс тамак-ашты Мырза менен Акберди жеткирип берип турат. Тоту алардын жашоосун көрүп аябай боору ооруду, чынында эле өзү абдан боорукер, көзү менен көргөндөргө ар дайым жардам берип келет, Акмат болсо тескерисинче: "Ар кимдин маңдайына жазылган тагдыры бар, менин ата-бабам башынан бардар болчу, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, киши арыгын сактасаң башың кандайт деп адамга боор ооруп болбойт", - дечү. Анын бир марттыгы Мырзаны өз баласындай кабыл алганы болду, себеби аны баласы үчүн жасады, чыны андан эчтеке аяган жок. Алар Болотбектин дары-дармеги бүт төлөнүү болуп Каным жыргап эле калды, тапкан акчасына аздап балдарына кийим-кече кылып, Аруужаздын да өзүнө жакканын кымбатынан болбосо дагы арзандап сатып берип тамак-ашка дагы кенелип калды. Бир ай дегенде Болотбекти үйүнө чыгарып келишти. Өңү азып калганы менен табити жакшырып кадимкисиндей болуп калыптыр, Тоту аны менен токтогон жок, киши жиберип үйүн оңдотту да ичине мебелдерди жөнөтүп алардын жашоосун бир аз оңдотту, ошондон кийин бир күнү азык-түлүк менен бирге кийим-кече Аруужазга атайын өзүнчө беш-алты сыйра кийим-кечени салып жеткирип койду да Акматтын келишин күттү, ал ошол күнү абдан кеч келди:

- Күтүүдөн картайып бара жатам, кызмат деп жүрүп үйүңө келчү жолду унутасың го Акмат, - деди Тоту.

- Байбиче, иш ошондой да, бу саясатчылардын азабынан үйгө түнөбөй калдык го, - Акмат чарчагандай үн катты, - Эт менен челдин ортосунда гана жүрөм, мага саясаттын кереги эмне, кызмат ордум болсо болду деп жүрсөм ар кимиси ар кайсыны айтып арга жок аралаша коюп иш көбөйүп бара жатат байбиче.

- Мен сени менен Акы жөнүндө сүйлөшсөм дедим эле.

- Эмне болду ага?

- Эчтеке, аны үйлөнтүүбүз керек го атасы?

- Үйлөнөм десе үйлөнсүн, Бекматка айтамын да барып кызын көрсөтөбүз.

- Акмат, сен балаңдын оюн угуп көрсөңчү.

- Неге, менин оюма каршы чыгабы?

- Балким сүйлөшкөнү бардыр...

- Сүйлөшсө сүйлөшөйүн, үйлөнөр ою барбы анын?

- Ошондой шекилдүү...

- Кам санаба байбиче, Акымды каалаган кызына үйлөнгөнгө уруксат берем, - деди Акмат чын дилден аялына карап, - Башкысы менин төрүмө отурганга татыктуу адам болсо.

- Акмат, адамдарды антип басынтпасаңчы.

- Байбиче, мен минтип эл үстүндө иштеп кадыр-барк тапкан адам болсом анан кайдагы бир жөнөкөй немелер менен дасторкондо отурсун дейсиңби, бул деген калыстык эмес, - Акмат аялына карап сөөмөйүн эки жакка кыймылдатты, - Бул менин кудай берген бактым, аны эч кимге шериктеш кылгым келбейт, мартабасы меникинен бийик болсо кем болбогон, байлыгы мол адамдар менен тең тайлашкым келет, ал турсун Мырза дагы эсинде болсун, ал менин тилимден чыкпашы керек! - дегенде Тоту.

- Акмат, сен жүрөк каалоосун унуткан жоксуңбу? - деди акырын.

- Байбиче, азыркы заман жүрөктүкү эме-ес, байлыгың болсо адамсың, болбосо бир адам кейпиндеги маймылдан айырмасы кайсы? - дегенде Акберди аларды карап турган, үстүңкү кабаттан түшүп келди:

- Байлыгы бар жан дүйнөсү тар адамдын маймылдан айрымасы барбы?

- Сен бала...

- Ата, жүрөгү жумшак, ниети таза адамдарга окшой албайсыңар, алардын кудайга акаараты жок, жан адамга зыян кылбайт, бар болгон күнөөсү ак эмгеги менен жашаганыбы? - Акберди атасына тике карады, - Жок дегенде ичкен тамагын тынч ичишет, арамдан желден табылган байлыкты кимдир бирөөдөн коруп да кызганып да күнү-түнү сиздей болуп курал менен жатпайт!

- Эй бала, мунун баары ким үчүн экенин сен качан түшүнөсүң? - Акмат уулун ачуулу карады, жүзү карайып ачуусу бетине чыгып түктөйө түшкөн.

- Жок ата жаңыласыз, баары өзүңүздүн беделиңизди көтөрүү, мартабаңызды арттыруу үчүн болгон убара, мен өз эмгегим менен бирөөнү жазалап бирөөнү каралап бирин кутултуп бирин тутултуп таппайм! - деп сыртты көздөй чыгып кетти.

- Акы, Акы кайда барасың? - деп Тоту жүткүнгөндө Акмат кармап калды.

- Тим кой, бул тентектин жайына кой, жалгыздап сергип алсын.

- Ушул караңгы түндөбү?

- Келет, андан көрө сен сүйлөшчү, эмнени каалайт байбиче, - Акмат ойлуу эки колу менен башын мыкчый отуруп калды, - Канча адамды титиретип сүрүмдөн чоочутуп, титиретип турган кезимде ушул бир сенин күчүгүңдүн алдында алсыз болуп калам да байбиче, каалаганын кылсын, маа десе көчөдөгү селсаяк болсо дагы макулмун, айт балаңа байбиче.

- Айтам-айтам атасы, - Тоту кубанып кетти, - Айтпай анан, кааласаң бирге болсоңчу, эртеңкиге кызды конокко чакырганбыз.

- Оо сен өзүң даяр экенсиң го?

- Уулума кой деп айта албадым, анын үстүнө балаңдын ушундай бир көздөрү бактылуу жайнап кеткенин көрсөң сен дагы чыдай албас элең атасы.

- Деги кыз кандай, биздин үйдүн эрке келини болууга жарайбы?

- Айтпа, ал кыз ушундай бир көрктүү, хан сарайдын ханышасына окшойт.

- Ошондой де...

- Ооба, эртең өзүң күбө болосуң.

- Жарайт-жарайт, балаң экөөңөр жеңдиңер, - Акмат карс-карс эте күлүп ордунан турду, - Кой эс алалы.

- Сен эс ала бер, мен Акыны карайынчы, - Тоту көңүлү түтпөй сыртка чыгып бак ичинен уулун көрүп жакын барды, - Акы, үйгө кирип укта балам.

- Апа, атамдын кылыктарынан кийин кантип уктайм.

- Акы, атаң баарына макул болду.

- Ишенбейм, дагы бир оюн ойноп жаткандыр.

- Жо-ок, мага ишен уулум, эртең Аруужазды өзүм алып келип тааныштырам, ал макулдугун берди.

- Чын элеби? - Акберди кубанычтан көздөрү жайнап кетти, караңгылык гана анын жайнап кеткен көздөрүнүн учкунун өз пардасына жашырып байкатпады, - Атам макул болду десеңизчи?

- Ооба каралдым, канткен менен ал сени кыя албайт да, - Уулун бооруна кысты.

- Сүйө-өт уулум, сендей жигитти сүйбөгөн кыз анда өз бактысынан кечип коеор, ал дагы азыр табышмактуу нерселерге башы катып жүргөндүр, жүрө гой балам эч алып ал, эртең барып кызды алып келип сүйлөшүп коебуз, атаңдын суроолоруна жооп бере тургандай болсун, - Эне бала ээрчишип үйгө киришти, бул учурда Мырза таттуу уйкуда жаткан, ал эч нерсе сезген жок. Эртеси Тоту Болотбектикине келди да көтөрүп келгендерин коюп аны менен жылуу учурашып болгон соң Аруужазды карады.

- Карындашым, - деп Болотбек озуна суроо узатты, - Мени көр оозунан сууруп алдың, сага алкышым чексиз, мындай ишти бир тууганың да жасабай турган кез, сенден бир сураарым кай жерден болосуң?

- Аны неге сурадыңыз?

- Менин мындан отуз жыл мурун он жаштагы карындашым жоголуп кеткен эле, ошол кайтып келгендей жүрөгүм жакшылыктан үмүт кылып турам.

- Жок Болотбек байке, мен Нарындык болом, үч агам бар, мен жалгыз кызмын, төрөгөн энемдин көзү тирүү, атам өтүп кеткен, - деди Тоту токтоо, - Ал эми-и карындашыңыздын табылып калгысы бардыр, ылайым үмүтүңүздү кудай өзү берсин.

- Айтканың келсин, кечир карындашым.

- Эчтеке эмес, менин сизде бир өтүнүчүм бар, Аруужаз мени менен бир жакка барып келсин, урукса-ат бериңиз байке, - деди Тоту сураныч кылып.

- Барсын-барсын карындашым, кантип жок дейин, - деп Болотбек макул болду, ал ушуну эле күтүп тургандай Аруужазды кийинте салып унаага салып алып кетти, үйүнө жетпей кафеге кирип ошол жерде айтканда Аруужаз не дээрин билбей калды, бирок үн дебеди: "Эмнеге баласы өзү сүйөөрүн айтпайт, неге мени апасы ээрчитип келет, же бир бечаранын кызына ашыктыгын айтуу ал үчүн пастык болот дедиби, менин алар үчүн өз каалоом эч нерсеге арзыбайбы", - деп ойлонуп туруп кетмек болду, бирок салмак сактап акырына чыдамакка ызаат кыла күлүп тим болду, алар ээрчише үйүнө келгенде Акберди менен Мырза бирдей кийинип алдынан чыгып тозуп алышты.

Аруужаз аларды алмак-салмак карап: "Булардын кимиси мага күйөө болгусу келет, экөө тең бирдей келишкен жигиттер экен, биринен-бири өткөн мыкчегерлер, демек табышмак кылып турушат, үйгө барганда дагы экөө барган эле", - деп Аруужаз баягы үчөө бирге күлгөн күндү көз алдына келтире туруп калганда:

- Аруужаз, кел кызым отур, - деди Тоту жылмая орун көрсөтүп, - Мырза, келчи балам сен экөөбүз сүйлөшөбүз, - Мээримдүү жылмаюусунан жазбай Мырзаны өзүнө чакырды, ал дароо жеңил баса аны ээрчий басты, бул Акберди менен Аруужазды сүйлөшсүн деген ойлору эле.

- Акберди, сиз мени менен ушундай жол менен таанышмаксызбы? - деди Аруужаз.

- Жок-жок, кандайсың өзүң?

- Баары жакшы.

- Сени көргөндө эле сөз сүйлөй албай калып жатам, - Акберди баягы жупуну кийинген жупуну кыздын ордуна келбети келишкен сулуу кызды көрүп көздөрү ала качып ого бетер сүрдөп турду.

- Эми эмне болмокчу, мышык чычкан ойнойбуз?

- Ыя? - Акберди ойго түшө калган эле чоочуп аны карады да шашкалактап калды, - Аруужаз, сен мага түшүнчү, азыр атам келет, ага экөөбүз көптөн бери сүйлөшүп жүрөбүз деп айтуубуз керек.

- Неге калп айтуум керек, болбогонду айтып улуу кишинин алдоого болбойт го?

- Алдагандык эмес, атама сюрприз гана Аруужаз, түшүнсөң мени.

- Болуптур, ошондой дедик, андан кийин эмне болот?

- Мм, - Акберди ойлоно жер карады, - Андан кийин биз... биз кыз-жигит болобуз, - деди күлгөн болуп тамагын кыра ары-бери карап, ошол учурда Акмат Исманович келип калды, Мырза менен Тоту келип орун алышкан.

- Атасы, бизде конок бар, - деди Тоту ызаат менен күйөөсүнүн костюмун чечип жатып, - Акы бизге кызын таарыштырмак экен.

- Жакшы-жакшы, - Акмат Аруужазды бир карап алып: "Ничего себе", - деп алды ичинен, анан сөөлөт күтө ордуна отурган соң, - Кош келипсиңер кызым, - деди.

- Саламатсыздарбы?

- Саламат-саламат.

- Кана, чайга карагыла, - Тоту аларга шыпылдай карап койду, - Алып отургула.

- Кызым ата-энең барбы? - деп Акмат Аруужазга кайрылды.

- Ата-энем бар, үч иним менен төрт бир туугандын улуусумун, - деди Аруужаз ага.

- Жакшы-ы, кай жерликсиңер?

- Түбүбүз Сокулуктан, азыр Ак-Өргөөдө турабыз.

- Атаң кайда иштейт?

- Жумушу жок, апам базарда...

- Атасы-ы, эми балдар чай ичишсин, - деди Тоту.

- Ата, ата-энесинин иштеген иштебегени маанилүү эмес да, башкысы Аруужаз экөөбүздүн келечегибиз эмеспи, - деп Акберди атасынын сурамжылай бергени жакпай кабак чыты сүйлөдү.

- Албетте ата, агам менен кызга эле көңүл бурсаңыз жетет, - деди Мырза дагы, - Аруужаз менен агам бири-бирин жактырса болду да.

- Туура-туура, - Акмат күлгөн болду, чынында кыздын турган турпаты ага жагып турган, андан кийин алдыга тамак келди, эч кимиси үн катпай тамактанышты, Акматты улам Тоту карап коюп отурду, кыз ичинен: "Мени жактырып калган болсо өз ырыскымды тепкеним болбос, баласы үчүн баарын жасаган эненин эмгегине кантип терс үйрүлөмүн, атамды көз көрүнөө өлүмдөн алып калды, өзүм сүйөм деп жүргөн Мелис терс бурулуп басып кетти го, мен сүйүүнүн эмес адамгерчиликтин кулу болууга тийишмин, Акберди деле мен деген жигиттин бири экен, бактыма келсе байкабай коюга болбойт, эмне десе макулмун", - деп ойлонуп отурду. Акмат өз оюнда: "Кызда айып жок экен, ата-энесинин карапайымдыгы мени бир аз ирээнжитти, досторум менен кызматташтарым эмне деп ойлошот, балаң кургур аброюмду минтип түшүрөөрүңдү билсем кана", - деп өкүнүп турду. Акыры ал бир жооп айтышы керек эле, тамак бүтүп калганда:

- Акмат, эмне дейбиз, балдар биздин жообубузду күтүп калды, - деди.

- Аа-а, апасы мен каршы эмесмин, демек баарын өзүң даярдай бер, керек десең апамды, Саматты алып сырга салуу аземин уюштур, - деди да Акмат туруп кийине чыгып кетти.

- Ур-ре! - Мырза туруп Акбердиге келип алакан чабыштырды, - Куттуктайм ага, куттуктайм силерди!

- Рахмат, - деп Акберди дагы жылмая Аруужазды көзүнүн кыйыгы менен карады.

- Кут болсун балам, Аруужаз кызым Акберди экөөңөрдү бактылуу болсо экен деген тилегимди кудай кабыл кылсын садагаларым, - Тоту келип экөөнүн ийиндерине колун кое өзүнө тартты, - Бактылуу болгула, - Тоту келип экөөнүн ийиндерине колун кое өзүнө тартты, - Бактылуу болгула, - Экөөнү тең өөп койду, - Эмесе мен Аруужазды үйүнө жеткирип келейин, - деди да Аруужазга карады, - Кызым, мындан ары бул телефон менен Акберди экөөңөр сүйлөшүп тургула, мен ата-энеңе баарын түшүндүрөм, - деди да сыртты көздөй жөнөдү, Акберди Аруужазды жылмая колун көтөрө узатып кала берди. Аруужаз аны күлкүсү келе:

- Энесинин баласы, - деп тилин чыгара карап басып кетти.

- Эй-эй эмне деп жатасың? - Акберди жүткүнө артынан чыкмак болгондо Мырза кармап калды:

- Токтоо бол токтоо, ал кыз сага атайын тийишип жатпайбы.

- Эмне мен ага күлкү болуп кала бермек белем?

- Күлбөйт, ошонун артында сага деген жашыруун сыр жатат досум, - деп Мырза ага күлүп койду, - Демек сүйүү башталды, калганы өзүңдүн колуңда.

- Мен эмне кылуум керек?

- Кызга жолугуп сүйүүңдү айтасың - деди Мырза, экөө ошентип сүйлөшүп отуруп калды, Тоту Аруужазды унаасына отургузуп алып базардан айдоочусун киргизип толгон азык-түлүк алып, анан үйүнө келди, болгонун айтып андан соң бир жумадан кийин кызга сырга салаарын ал үчүн алар убараланбай тынч гана чакырууну күтүүсүн суранып аларга акча таштап кетти. Алар бей-бечара эмеспи, эмне дээрин да билбей кала беришти, кыздын жүрөгү элеп-желеп, заңгыраган үй, кызматчы жалдап үстүңкү кабатта жалтылдаган шайы халаттарды кийип тапочканы бутуна салып каалаганын айтып койсо даяр болгон тамак-ашты элестетип бакыттан башы адашып калды. Ой-кыялы жылмайып алды. Арадан жума өткөндө Акберди менен Мырза келип калды, алар кычырап кийинип алган.

- Аруужаз, бүгүн саат үчтө келебиз, даяр болгула, - деди Акберди.

- Атамдар дагыбы?

- Ооба, баарыңар, бүт даяр болуп калды.

- Жарайт, - Кыз жылмайып койду.

- Аруужаз, экөөбүз дүкөн кыдырып келбейлиби?

- Эмнеге?

- Керектүүнү алышыбыз керек.

- Бар го...

- Жо-ок, сен өзүң тандашың керек экен сырганы.

- Чынбы, өздөрү алса болбойбу?

- Сен каалаганды, алар билбейбиз дейт.

- Атамдарга айтып көрөйүнчү, - Аруужаз ичке кирип кетти, Мырза унаанын жанында турган, Мелис келип калды, ал унаадан түшүп эле:

- Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? - деди Мырзаны карап.

- Агамдын колуктусуна келгенбиз.

- Кандай - кандай? - Мелис түшүнө бербей кайра сурады.

- Акбердинин колуктусу ушул үйдө турат, а өзүң кайдан жүрөсүң?

- Бул үйдө мен сүйгөн кыз жашайт!

- Эмне-е? - Мырза ага ишенбей карады.

- Ошондой балакай, так-что-о бул жерге жакындабагыла мындан кийин, - деп үй жакты карап Акберди менен Аруужаздын келе жатканын көрүп утурлай басты, - Аруужаз, Аруужаз бул жерде эмне болуп жатат? - Жетип колунан кармамак болгондо ал колун тартып алды, - Аруужаз, мага түшүндүрүп айтчы, бай болгур?

- Мен сени тааныбайм, - Акбердиге кайрылды, - Кеттикпи?

- Албетте, Мырза унаанын жылдыр! - деди Акберди, алар унаага отура бергенде Мелис Акбердини жакадан алды:

- Менин жолумду кесип сен кайдан жүрөсүң?

- Мен сенин жолуңдун бул жакта экенин кайдан билем?

- Бул менин кызым!

- Өзүнөн сура, эгерде сенин сүйгөнүң болсо менин жанымда отурсак эмес.

- Көп кыздын башын айлатпай кое бер!

- Күч менен кармабайм, өзү чечсин, - Акберди Аруужазды карады, - Кеп кезеги сизде сулуу кыз, мен мындай настроение бузгандарды жактыра бербейм.

- Мелис, мен сени эч качан кызың болгон эмесмин! - деди Аруужаз, - Качан сен мага кызым бол дедиң эле, качан мен сага сүйөм дедим эле, бир көргөн кызга мындай мамиле кылганың адилеттик эмес, мен азыр Акбердинин колуктусумун, жолубузду тоспо!

- Аруужаз!

- Саат үчтө бизден куда түшүү салттык тоюбузга кел, - деди Акберди, - Айда Мырза, кечигип калбайлы, иштер көп.

- Жарайт, - Мырза унааны айдап жөнөдү, Мелис жинденген бойдон өз унаасын бир урган бойдон кала берди. Ошол күнү ал: "Дели" ресторанында болду, Акмат Исманович дагы бир топ достору менен келген, кыздын ата-энеси чыкыя кийинишип төрдө, салттуу жөрөлгөнү Акмат Исмановичтин апасы болбогондуктан Сайра улап уул-келинге келип ак батасын берип сөйкөнү салды, кол чаап шаңдуу музыка коштоп Акберди менен Аруужаз бактылуу болуп турду. Мелис четте карап туруп: "Ушундай чоңдун баласы болуп туруп эмнеге карапайым жумушта иштеп жүрдү экен, Аруужазды кайдан таап алды, мейли эми мага буйрубаган экен", - деп ойлонуп аларды чын дилинен куттуктамак болуп маңдайына келди:

- Куттуктайм!

- Рахмат.

- Бактылуу болгула.

- Айтканың келсин, - Акберди Аруужазды карай жылмайды.

- рахмат, айтканың келсин, - деди ал дагы, аларга куттук айтып алып ичи туз куйгандай ачышып: "Кандай сулуу кыз эле, өзүмдүн текеберчилигимден андан калып калдым, ушунда адамдар анын жардылыгына карабай келип кылып жатканда биз эмне болдук. Менин атам да апам да буга макул болмок эмес", - деп ойлонуп акырын ресторандан чыгып кетти. Ал ушул кезде байлыкты жек көрүп кетти: "Байлыкка көз каранды болуу адамдын айыкпас оорусунан дагы жаман тура, анткени байлыкка көпкөн адам өзүнүн бир кезде бечаралардай эле кара жерге жатаарын, ошол толгон байлыгы өмүрүн алып кала албасын, карандай ак сурпка оронуп жылаңач кетээрин сезбей калат тура, мен атамдын тилине кирип байлык баары болуп берет деген ишеничке байланып алыпмын көрсө, жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун дегендин чындыгын эми билдим, азыр бир дагы досум жок, андан көрө мен Акберди менен достошуум керек", - деп ойлонуп кетип жатты. Ошол күнү сөйкө салып Акберди Аруужаз менен ата-энесин үйүнө жеткирип келди, андан соң үйүндө сүйлөшүүлөр болду, бир айдан кийин үйлөнүү тойду өткөрмөк болуп чечишти, бул кабарды Акберди Аруужазга атмак болуп бөлмөсүнө кирип телефонун басты:

- Алоо кандайсың жаным? - дегенде кыздын назик ичке үнү угулду.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Эми эле ажырашсак дагы сагынып кеттим.

- Чын элеби? - Кыз жылмайгандай болду, - Бул сөздү өзүмө айтсаң болмок.

- Ошол үчүн апаңдын баласысың да, - Бырс этип күлгөнү угулду.

- Аруу, тоюбуз туура бир айдан кийин ошол ресторанда өтө турган болду.

- Анчалык эмнеге эрте?

- Мен үчүн өтө кеч болуп көрүнөт.

- Кантип эле, бирок биз жетише алабызбы?

- Сен кабатыр болбо, баары жайында болот жаным.

- Кудай колдосун.

- Аруу...

- Угуп жатам.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Билбейм, а сенчи?

- Мен сени жанымдан да артык көрөм Аруу.

- Мен али билбейм, - Аруужаз аны сынай күлдү.

- Айтсаң Аруу.

- Билбейм дедим го, мен апамдарга айтуум керек.

- Макул анда, жакшы жат жаным, - Акберди телефонду өөп койду.

- Жинди! - Аруужаз күлүп кубанычтуу, - Оо есть! - деп алды да үйүнө кирди.

- Эмне болду Аруу, тынччылыкпы деги? - Каным кызын сынай карады.

- Эчтеке, эмнеге сурадың апа?

- Билбейм, так секирип өзүңчө кубангандай колдоруңду көтөрүп жаттың го?

- Аа-а, - Аруужаз кызарып кетти, - Апа, эмки айда той болот дейт...

- Эмне, ошончо эртеби?

- Ооба, азыр Акберди чалды.

- Ээ Болотбек, эми эмне кылабыз? - Каным күйөөсүнө кайрылды.

- Эмне болуп кетти?

- Бир айдан кийин той деген тура.

- Анча эмне шашты экен, эмне кыла алабыз...

- Эч бир сөз кошо албайсың, ини-карындашыңды чакыр, мен агам менен эжемдерди үйгө чакырайын, кеңешип кескен бармак оорубайт дейт го, эми эле кудаңа айтып кой, кудаң андай тура, тигиндей тура, дешип келишет, акыбалыбызды көрүп турушат жардам берээр, - деди Каным күйөөсүнө.

- Макул, эртең тамак-аш даярда, мен баарына телефон чалайын, келебиз дешсе анан көрөбүз да, - деп Болотбек Аруужаздын телефонун алды да улам бирине чалып сүйлөшүп жатты, - Эми сен өз төркүндөрүңө өзүң чал.

- Сен эле чала бер, эмне көрбөй жүрдүң беле?

- Макул, - Болотбек ошентип кайын журту менен иниси менен карындашына, бир эжесине, туугандарына кайын журтуна чалды, туюгунан айтканга баары башкача ойлоштубу эртеси түш оой бир-экиден келе баштады, алар Болотбекти көрүп эс ала түшүп бакылдап учурашып жатышты. Кечке жуук баары келип үйгө толду, Каным казан толтуруп аларга сый тамак жасады, мурункудан үй-жайы оңолуп калганын көрүп туугандары ичтен кубанып калды. Ошондо Канымдын бир тууган агасы тамак алдыга келе электе сөз баштады:

- Күйөө бала, кудайга шүгүр жакшы болуп калыпсың, бул чакырганың жакшылык болсун, кандай сөзүң бар?

- Туугандар, - Болотбек баарын тегерете карады, - Менди бир кыз бар, калганы уул эмеспи, ошол кызыма өкмөттө иштеген бир кызматчы сөйкө салды, силерге айтууга жетише албадык, эми бир айдан кийин тоюн өткөрмөк болуп жатат.

- Жакшы болуптур, эми эмне дегиңер бар? - деди Канымдын эжеси кекеткендей, - Башында, кашында болбосок эми эмне кыла алабыз, өзүңөр баштаган экенсиңер өзүңөр бүтүрө бергиле да.

- Эже, - деди андан кичүү агасы Тейит, - Булардын колунда болбосо биз карап турабызбы? - деди эле баары жабырап кетишти, талашып тартышып отуруп ар кимиси өзүнүн бере турганын айтышты, анан тамак ичилген соң Аруужазга ак баталарын беришти да ошол эле күнү тарап кетишти, андан кийин алар союшун, акчасын кийит кече, килемдерин алып келе баштап, бир айдын ичинде кыздын себин даярдап жиберишти. Той да болуп өттү, бул той мурда болуп көрбөгөндөй болду, Мелис дагы Акбердинин тоюна ата-энеси менен келди, Аруужаз абдан бактылуу жан болуп турмуш босогосун аттады, Тоту алардын үйүн, жашоосун Акматка билдирбегенге аракет кылып жалаң кафе, ресторандан жолугушуп, аларды өз үйүнө коноктоп келин алганын, уулунун бактылуу жүзүн көргөнгө кубанып жүрдү. Кызык, бул турмушта ачуу менен таттуу, ысык менен суук бирге адамдарды курчап тургандай эле жаман-жакшы, адал-арам, колунда бары-жогу дагы бул жарыкчылыкта бирдей абада дем алып, таң атып кеч киргени, жарыкчылыкта бирдей жашап болгону бардар жана ток болуп өмүр сүргөнү баардык пенделерге белгилүү эмеспи. Бул өмүргө келгенде жылаңач келсе өтөөрдө дагы жылаңач кетет, муну кээ бир мансап күткөндөр моюнуна албай байлык менен гана өмүрдү татыктуу сүрүүгө болот деп ишенип алып бей-бечараларды катарына албай бир күнү дүйнөдөн өтүп кете берет. Көр дүйнөнү жыйганы менен оопасыз дүйнөдө калтырып канчалык күнөөгө батканын да сезишпейт. Акмат өкмөттүк кызматка келгенине аз болсо да өмүр бою кызматтан көтөрүлүүнү көздөп далайдын чөнтөгүнө солой акча салып, кээсине тартууга мендеген жылкыларды берип, карышкыр аюнун терисин тартуу кылып ар бир кызматты сатып алганга тете болгонун сезбеди, анын мыкчырылган мүнөзүн жалгыз уулунун боорукерлиги, ак жүрөктүгү менен тайбастыгы гана өзгөрттү. Ооба, колунда жок адам деле өзүнөдөй пенде экенин билди, жалгыз келини Акылкарачачтай акыл-эстүү, Айчүрөктөй сулуу келин болгонуна өзү да ыраазы. Мурдагыдай катаал эмес, эртели кеч жумуштан келгенде Аруужазды көргөндө чекесинен өөп батасын берип турат. Жыл айланбай Аруужаз балканактай уул төрөп алды, анын атын Бакай коюшту, кан Бакайдай акылман, жана кара кылды как жарган калыс болсун, кылымдады карытып аты өчпөгөн кадырман адам болсун деген тилек менен ушинтип ат коюп небере жытына балкып бакыттын дагы бир түрүнүн даамын сезип турган чагы. Болотбек менен Каным бешигин алып келип берип кетишти, ошондон кийин көңүлдөрү тынып өз үйүн оңдоого киришти, Аруужаздын арты менен үч иниси тең мектепке окуп, Каным килтейген контейнер алып соода кыла баштаган. Акмат жумуштан келип эле Бакайдын бөлмөсүнө кирет, уктап жатса дагы колуна алып өйдө-төмөн көтөрүп эркелетип:

- Бөпөмбү ушул, кичинекей кеменгерим бекен, Бакай кана мени карачы уулум, - деп шор-шор жыттап алат.

- Атасы, баланы антпей жүрчү, оор болот имиш, - дейт Тоту.

- Эмне оор болот экен?

- Кеменгер деген, улуу адамдардын аты наристеге оор болот дейт.

- Айта берет, менин неберем кан Бакайдай акылман болот.

- Болсун атасы болсун.

- Күчүгү, кичинекей бөпөм, - Көзүн жумуп али бул дүйнөнүн удуң-шудуңунан, адал арамы менен куулук-шумдугунан капарсыз бей капар уктап жаткан наристенин ууртунан өөп-өөп алды, - Атасынын бел боосу го ушул.

- Кудай кут кылсын атасы.

- Бактылуусуңбу байбиче? - Акмат аялынын жанына отурду.

- Айтпа, кудайым кут кылсын, көз тийбесин Акмат, - Тоту күйөөсүнүн ийинине башын жөлөй оор дем алып алды.

- Эмне, жүрөгүңдү өйүгөн бир нерсе барбы?

- Бар эмей...

- Ал эмне Тоту?

- Мырзаны үйлөнтүүбүз керек атасы.

- Ырас эле, сүйлөшкөнү бар бекен?

- Билбейм, сыр билгизбейт.

- Өзүм сүйлөшөм, аны үйлөнтпөсөк болбойт байбиче.

- Ошону айтам да, сени айтабы десем үндөбөйсүң.

- Оюм келбептир, таарынып жүргөн жокпу?

- Мырзам андай эмес, өз балабыздай ак дилден аралашып кетти, Акыны ага дегенинен жазбайт, бул да болсо бизге келген бир дөөлөт атасы, аны бала кылып алгандан кийин назарын сындырбайлы.

- Албетте, эгерде сүйлөшкөн кызы болбосо өзүм алып берем, сен өз даярдыгыңды көрө бер байбиче, - деп Акмат ойлуу Бакайды Тотуга берди. Тоту небереси менен алышып отуруп калды, Акмат Мырза менен кеңешип анын сүйлөшкөн кызы жок эле, ар кайсы кыз менен азилдешип сүйлөшкөнү менен ал чын жүрөгүнөн сүйө элек эле, ага Акмат өз каалаганын алып бермек болуп кыз караштыра баштады...

Мелистин атасы мурда кызматтарда иштеп кайра куруу башталган кезде короо сарайларды приватташтырып алып, бөлүнгөн уй-жылкы, койлордон алып эптеп жашаган мындайраак иниси Кулубекти бала-чакасы менен алып барып бактырып койгон. Эбин тапкан эки жемек тургай эки колун тең салган ошол учурда кимди-ким көрдү, быржыбайды там басты деп чак-челекей түшүп калышпадыбы. Ал жадагалса Кулубектин үлүшүнө тийгенин дагы бөлүп алып аларга беш кой гана берген болчу. Караңгы бечаралар, кантмек эле колуна тийгенине топук кылып, анан дагы эл ичиндеги: "Кийин бул берип жаткан малдын эсебин алат экен, болбосо бала-чакасы эмес укум-тукумуна чейин кутула албай моюнга карыз болот экен", - деген сөздөргө ишенип Кулубек анча деле кызыкпады. Ошол Курман берген беш-алты койду багып төлүн алып өстүрүп жатты, Курмандын жүздөгөн койу менен отуздай уй, жыйырмадай жылкысын багып өз күнүн көрө берди. Ал абдан ак ниет, адамдарга жамандык кылуу оюнда жок, тескерисинче кээде өзү бирөөлөрдөн катуу капа болуп кагуу жеп калган учурлары көп эле болот, ал тургай өзүнүн айтайын деген оюн дагы ачык айта албай тартынчаактык кылганы өзүнө жакпайт. Курман ага мал баккан акысы үчүн ай сайын уну менен кант чайын, беш миң сом алып келип берип турат. Ал тургай кээде өлгөн койдун этин өзүнө таштап кетет. Анткени так жүргөнүнө ыраазы, качан болсо өлгөн койдун этин кургатып катып койчу, ошондуктан ага ыраазы болуп балдарына дагы кийим-кече алып келип берип турат. Беш баласынын алды кыз, төрт уулу бар, Гүлсана өңдүү-түстүү аял. Акыл-эстүү Гүлсана менен Кулубек экөө беш баланы тарбиялап жайы-кышы төштөгү сарайда жашашат. Кызы Гүлхан жаңыдан он биринчи класска окуп калган, Темири сегизинчи, Эмир алтынчы, Замири төртүнчүдө, ал эми Дамир болсо биринчи класста окуйт, кенжеси Бабур али торсоңдоп мектепке бара элек. баары катарынан өсүп келе жаткан балдарынын камын ойлоп Кулубек малын көбөйтүү менен алек, койлорунун башын ондон ашырып, бир уй, бир минги аттуу болуп калган кези. Бир күнү Курман келип малын көздөп эсеп алганы келген эле, бирок куру келбестен белек-бечкекти мол алып унаасынан түшүрүп жатты, жанында дагы эки адам менен бир аял бар эле. Артынан дагы бир унаа келип андан үч аял менен шопур түштү, көрсө Курман өйдөлөп бара жаткан өмүрүнө жаштык тартуулап жан жарасын айыктырмакка жаш аял менен ойноп, күлүп жүргөн экен. Бүгүн өзүнө окшогон достору менен көңүл ачканы келиптир, Кулубекке союш сойгонго буйрук берди да тоо кыдырып чыгып кетишти. Курман өз сүйүктүүсү менен өзүнчө бирге суу боюнда отурду.

- Качанкыга алдап жүрө бересиң, же тийген эрим жок, же тууган балам жок, менин тагдырымды талкаладың, - деп бышактап жатты Эрке.

- Болду эми ыйлаба, биз биякка көңүл көтөрүү үчүн келдик го?

- Ушул абалым менен кантип көңүл ачмак элем, ата-энем билип калышса менин көз алды-да союп коет, алардын эл караган жүзүн жер караттым.

- Не керек болуп калса берип жатам го?

- Менин жашым зорго эле жыйырма экиде, менден алар мындайды күтпөгөндүр...

- Алтыным, гүлүм менин, капа болбочу эми, баарын жайгарабыз, керек болсо нике кыйдырып аламын, - Курман кызды кучактап өөп өзүнө тартты.

- Алар ошого макул болот дейсиңби?

- Анан эмне кылышым керек анан?

- Мага миллион сом керек, аны ата-энеме алып барып өзүм түшүндүрүп келем, анан эмне кылуу керек экенин айтам.

- Ошол элеби, андай болсо шаарга бараарыбыз менен беремин, сен барып келесиң, жарайбы күнүм? - Мурдунан чымчып эркелетти.

- Жарайт, - Эрке кытмыр жылмая анын төшүнө башын жөлөдү.

- Болду, баары чечилди, эми жарк этип койчу эркем, - деп кыздын жүзүн өзүнө карата ээгинен өйдө көтөрдү. Турмушуң эшек араба дегендей муздаган денесине жылуулук тартуулап жүрөгүнө тынчтык издеген, жаштыгынын өтүп кеткенине өкүнгөнүнөн улам өмүрдүн кыскалыгын унуткусу келип жаш кыздын көзүнүн агы менен тең айланып анын кай жерлик экени, ата-энеси жөнүндө кызыгып сурабаган. Кечке бака-шака болуп шорпо сунуп, үч аял, үч эркек отурушту, Гүлсана аларга улам ысык чайын берип, чарчашты Кулубек экөө тең. Эртеси түштө гана Курман Кулубекке беш миң сом берип анан жөнөп кетишти, Гүлханды шаарга окутканга сүйлөшүштү, аны өзү көзөмөлгө алып окута турган болду. Кулубек жалгыз кызын окууга киргизээрин ойлоп кубанып калды, көңүлү тынып камына баштады алдын ала. Гүлхан абдан татынакай кыз эле, көздөрү ботонукундай жайнап кирпиктери узун, мурду кырдач, кашы жаңы чыккан айдай иймейген жука ак кагаздай жүзүнүн тең ортосунда тарам-тарам кызылы бар, оозу оймоктой, чачы узун сулуу кыз. Кээде Кулубек өз кызына суктана карап алып: "Эмне болуп жатам, көзүмө таш тыгылгыр десе, өз баласына дагы көз арткан болот бекен, бул менин жалгыз гана кымбатым го, жалгыз кымбатым ушул кыз эмеспи, башка байлыгым болбогону менен менин эчтекеге алмаштыргыс кымбат, асыл байлыгым ушул, көзүм тийип калбаса экен", - деп ойлонуп калат. чынында Курмандар менен кыз алышкан тууган болуп кетет, атасы менен бир туугандын кызын Курмандын агасы келин кылып алган. Дал ушул учурда Мелис кыздан-кыз жактырбай ата-энеси үйлөн десе дагы болбой өзүнөн кийинки иниси үйлөнүп балалуу болуп калган. Жашы жыйырма бешке келди, жумушу менен алек болуп өзүнө жагаар кыз таппай жүрө берди. Гүлхан сабакты жакшы окугандыктан мединститутка тапшырмак болуп кубанып жатты, анын тагдыры такыр башкача болоорун сезбеди, анткени анын сүйлөшкөн жигит бар, Денис айыл өкмөтүнүн баласы экөө бирге окуп анан үйлөнгөнгө убадалашкан эле.

- Денис, мени окууга Курман агабыз киргизмек болду, - деп бир күнү өзүнө узатып келе жаткан жигитине.

- Жакшы болду, мен дагы атамдын таанышы аркылуу тапшыра турган болдум, - деди Денис жылмая карап, - Экөөбүз шаарда дагы сагынышпай жолугушуп турабыз ээ?

- Ошондой, - Кыз наздана күлүп карап туруп, - А мен сени сагынтып көрүнбөй койсомчу? - деди.

- Анда мен сени менен бирге ошол үйгө кирип алам.

- Киргизбей койсочу?

- Неге киргизбейт, мен сенин жигитиңмин го?

- Бирок сен мени энчилеп алган жоксуң да.

- Кандай?

- Эгерде сөйкө салып кудалап койсоң жолугуп турууга болмок.

- Анда атамдарга айтам бүгүн эле.

- Денис, мен тамашаладым, айтууга болбойт, - Гүлхан кабак чытый коркуп кетти, - Менин атамдар билсе капа болушат.

- Мектепти бүтөөрүбүз менен кудалап сага сөйкө салып коебуз, - Денис ишенимдүү айтты.

- Денис.

- Оюн жок айттым, эмесе коштошолу Гүлүм, мен үйгө кайтайын, - Экөө эки бөлүнүштү. Кулубекке кызын келин алам дегендер көп, бирок анын оюнда кызына тең айылда жигит жоктой сезилет. Биринин баласы жакпасы биринин ата-энеси жакпайт, кээсинин үй-бүлөөсү жакпай бирөөнө дагы сөз бере элек. керимселдей керилген кыздын бир төштүн түбүндөгүсарайда өсүп жатканын кээ бирөөлөр билбейт деле, бирок көргөндөр кайыптан келген үр кызындай аны көргөндө сүйлөөр сөзүн унутуп, эстен тана жаздап көргөндөргө аңыз кыла турган. Бул сөз айыл өкмөтү Айып менен Гүлнарага эбак угулган, Денис ошол күнү кабагы салыңкы келди. Аны көргөн Гүлмира чыйпылыктай:

- Балам. Бир жериң ооруп турабы? - деп чекесин колу менен басты.

- Апа, жүрөгүм ооруп жатат.

- Эмне дейт, врачка көрсөтөйүнбү?

- Жок апа, меники башкача...

- Обу жок десе, эмитен жүрөгүң башкача ооруп эмне, - Гүлнара күлүп калды.

- Апа, мен айтканды кыласызбы?

- Эмне болду?

- Бир кызга сөйкө салыш керек.

- Эмне, ал кайсы кыз экен? - Гүлнара элээ баласын карады.

- Мен аны сүйөм апа.

- Сүйүүң менен куруп калгыр, муну атаң укпасын, сен адегенде оку, андан кийин көрөбүз, мен дагы эмне болуп кетти деп чоочуп кетсе...

- Ал кызга сөйкө салбасаңар аны ала качып кетет.

- Ким экен ал, деги айтчы ачыгын.

- Ал Гүлхан деген кыз.

- Ата-энеси ким?

- Кулубек дегендин кызы, - Денис тултуя жер карады, Гүлнара унчукпай туруп калды: "Демек эл аңыз кылган кыз экен да, андай болсо Айыпка айтпай туруп өзүм бир көрүп келейин, ошончолук эстен тандырган сулуу болсо баламдын жүрөгү ооруганынча бардыр", - деп ойлонгуча, - Апа, атама айтып кеңешесизби? - деди Денис.

- Ии-ий ооба балам, кам санаба, али мектепте окуйт эмеспи, үлгүрөбүз балам.

- Апа, сөзсүз айтыңыз, - Денис ичкери кирип кетти, Айыптын төрт уул үч кызы бар, Денис төртүнчүсү, үч уул-келини шаарда турат, эки кызы турмушта, эки карындашы мектепте окуйт. Гүлнара эртеси мектепке барып теңтушу Самарга жолукту, пенсияга чыкканына карабай иштеп жүргөн ал. Самар аны күлүп жайнап тосуп алды, көптөн бери көрүшпөй калган.

- Сени да көрө турган күн бар экен да, башыңа чөп сындырып коеюн курбум.

- Өзүң каттабай кеттиң го? - Экөө кучакташып көрүшүштү.

- Келген экенсиң, зарыл ишиң чыктыбы курбум?

- Бир иш менен эле келгенмин.

- Ошо, айыл өкмөтүнүн аялы жөн келбейт эле дейм да, - Самар тамаша сүйлөп ага карады, - Кана Күкүш эмне жумуш?

- Мектепте аңыз кеп болгон сулуу кыз бар экен Самар.

- Аа-а, сен Гүлханды айтып жатсаң керек, - Самар ойлуу балдар жүргөн жакты карады, - Бечарага кудай башкача жамал берген, бактысын берсин.

- Ошол кызды көрүүм керек Самар.

- Анчалык эмне болду?

- Адегенде көрөлү, анан атайын.

- Жарайт, - Самар өйдө болду, аны менен кошо Гүлнара жанаша басып мектепти көздөй кирип бара жатканда үч-төрт кыз чыгып келе жатып салам берип өттү эле Самар Гүлнараны нукуп койду, - Четки узун кыз.

- Көрдүм, - деп шыбыраган Гүлнара кызды көрүп эле байкаганын айтты, анын оозуна сөз кирбей калган эле, боюна жараша юбка менен жарашыктуу кофта кийип чачын өрүп артына таштап түбүнө заголка тагып алыптыр, - Тооба, ушундай дагы сулуулук болот экен да, муну алган неме музейге койгондой эле карап отурабы? - дегенде Самар күлүп жиберди:

- Эркек эмес аялдын эсин тандыра турган кыз биздин айылда Гүлнара.

- Туура, ошондой экен, кудай багын ачсын.

- Кызга уулуң ашык болуп калган го курбум?

- Ошондой десе да болот.

- Кыйын экен, кыздын окуусу абдан жакшы, врач болом деп жүрөт Гүлнара.

- Бул кыз шаарга барса андагы ач карышкырларга окшогон окутуучулардын курмандыгы болуп калбас бекен? - деген Гүлнара бир кездеги студент болгон күнү көз алдына тартыла түштү. Жаңыдан мединститутка өтүп окуп калган эле. Аны эки айдан кийин декан чакырып жибериптир, кабинетине кирген кызды көргөн декан: "Гүлнара, сен эки сабактан жаман баа алып калдың, эгерде менин айтканыма көнсөң, окууну эч кам санабай бүтүп кетесиң, анткени беш жыл бою сен мени менен жашыруун жолугушуп турасың", - дегенде артын карабай чыгып кетип кийин училищаны бүтүп бала бакчада иштеп жүрдү.

- Андай болушу да мүмкүн, андан да-а бул айылдыктар кызды шаарга кетире коеор бекен? - деп Самар анын оюн бузуп жиберди.

- Эми өз багынан көрөөр, анда мен кетейин Самар, сен дагы жумуштан калба, - деди да Гүлнара жөнөй берди. Үйүнө келгичекти кызды улам көз алдына келтире берип: "Уулум ай, сен сулуулуктун кулу болупсуң да, аны алганда сен сүрөттөй карап отура бермексиңби, мындай кыздар тек сулуулугуна чиренген текебер болчу эле. Кантип айтам муну балама, айтканда мени угабы, көзү сүйүүдөн тумандап калган баламды эч нерсе кайтара албастыр", - деп ойлонуп келди. Бирок ал Айыпка эч нерсе дебеди, Денис сураганда: "Учуру келбеди белем, атаңдын иши чачтан көп, убактысы келгенде айтам", - деп коюп жүрө берди. Жаз келип бүтүрүүчүлөрдүн кечеси болуп жатты, Кулубек менен Гүлсана өздөрү кайтарып акыркы коңгуроодон кийин эле алып кеткен. Экзаменге келгенде ар дайым жанында Кулубектин иниси Жусупбектин аялы Жайна кошо жүрчү болду, эки экзамени калганда Кулубек сүйлөшүп койду да анын аттестатын күтүп калышты, бактыга жараша Гүлхан алтын медал менен бүттү, ошол кезде Курман келип аны даярдатып шаарга алып кетти. Кыз бечара өз бактысын калаадан издеп, илим-билимдин артынан түшмөк болуп ата-энесинен бата алып анан жөнөдү. Гүлханды алып келгенде Мелис үйдө жок эле, эки күндөн кийин кыз душта жуунуп жатканда келип бош эмесин көрүп күтүп калды, бир кезде ал чыга калганда көзү токтоп калгандай турган ордунан жылбай жалдырап тура берди.

- Мелис, бул Гүлхан Кулубек агаңдын кызы, таанышып алгыла, - деди Акылай басып келип, - А бул Мелис байкең.

- Таанышканыма кубанычтамын байке, - деп кыз жадырай караганда деле Мелис тилдеп калгандай тура берди: "Мынчалык сулуу кызы бар экенин билбегенимди кара, кызык бул өзү адам баласыбы же периштеби", - деп ойлонуп турган эле.

- Мелис, жуунуп чыгып тамакка кел балам, - деп Акылай айтканда гана ордунан жылды ал. Ошол күндөн баштап Мелистин күн-түнү оюнан Гүлхан чыкпай кыйналчу болду, бир күнү атасынын кабинетине барды атайын, ал аны таңгала тозуп алды:

- Уулум, келчү эмес элең?

- Иш бар ата.

- Айта бер.

- Кулубек байке бизге жакынбы?

- Эмне демексиң?

- Деги да, өтө жакын тууганбызбы?

- Анча эмес, кыз алышкан тууган болобуз уулум, эмнеге сурадың?

- Гүлхан...

- Демек ага ашыксың.

- Болобу үйлөнсөм?

- Неге болбойт, албетте болот, жактырып калсаң сеники уулум.

- Рахмат ата, ошону билейин дегенмин.

- Кызды кантесиң, анын көңүлү барбы жокпу...

- Ал мааниге ээ эмес ата, туугандыгыбыз каршы болбосо болду.

- Андан коркпо уулум.

- Кеттим анда, - Мелис шашыла чыгып кетти, Курман күлүп кала берди: "Мен муну Кулубекке айтышып керек, ал жок дей койбос, мендей кайда булгаса колу жетээр адам менен куда болуу ага дагы жагаар, күйөө баласы чоң кызматкер, билимдүү жигит, баш тартпа-айт", - деп ойлонуп алды. Гүлхан эч нерседен бейкапар окууну гана ойлонуп китептен башы чыкпайт, бир күнү ал үстүңкү кабаттагы өз бөлмөсүнөн чыгып келе жатып Курман менен Акылайдын өздөрүнчө сүйлөшкөн сөзүн угуп токтой калды.

- Мелис Гүлханды жактырып калыптыр, ушул кезге чейин кыз жакпай жүрдү эле, эми үйлөнүүгө макул болуп жатат, - деди Курман.

- Жакшы болгон экен, уулумдун жактырганын алып берүү керек.

- Акыл, сен бир нерсени ойлобой жатасың, кыз макул болбосочу?

- Куке, болгону өзүбүздүн малчынын кызы го, макул болбой кайда бармак эле, Мелистен артык күйөө табылат бекен, - деп Акылай чоюштай жактырбаганын билдирди, - Сенин малыңды бакпаса беш баласын жылаңач этине ороп бага беле, кудай дешсинчи.

- Кой Акыл, баары бир тууганбыз, уруубуз бир да.

- Гүлхан макул болбосо зордоп алып беребиз, тай туйлап такка конобу дейт, акыры окуп жатат го, крамай турганы казан го, өз теңин билбесе өз убалы өзүнө!

- Ай-ай Акыл, ал дагы бирөөнүн айдай кылып баккан кызы, Кыргызстанда эки сулуу болсо анын бири ушул Гүлхан деп эсептеймин, жанагы акча төлөп коюп дүйнөнүн сулуусу болгондор анык сулуу эмес, нукура сулуу деп ушуну айт, балаң тандоодо жаңылган жок, табити жакшы болуп чыкты.

- Сулуусунун кереги эмне, балама жакса болду, акыры ургаачы го эрге тийбегенде жерге тиймек беле, - деп Акылай чоюштаганда Гүлхан артка чегине берди: "Мен эмне буларга буюм бекенмин, баласына жакса эмне экен, менин оюм сезимим эмне буларга кеп эмеспи, мен бул жерден кетишим керек", - деп кийимдерин чогултуп жатты. Курман кеткенден кийин Акылай анын бөлмөсүнө баш бакты, - Гүлхан, сабагыңа барасыңбы кызым?

- Ооба, азыр чыгам.

- Макул, мен жумуштарым менен кетип жатам, кечинде жолугабыз, - деди да Акылайдын ылдый көздөй кетип жаткан дабышы угулуп аздан соң унаанын короодон чыккан дабышы чыкты. Гүлхан дароо чемоданын көтөрүп жөнөдү, астыңкы кабатка түшө бергенде кызматчы аял:

- Гүлхан, кайда барасың? - деди чемоданын көрүп,

- Мен башка жакка жашайм, - деп коюп чыгып кетти, анын бирге окуган курбусу Адинай жалгыз тураарын айткан, ага телефон чалды эле ал окууда экенин айтты, ал жетип чемоданын коюп сабакка катышып анан түштөн кийин Адинай менен чогуу кетип калды. Адинайдын таежесинин бир бөлмөлүү үйүндө турчу, экөө ээн-эркин оңуп эле калды, Гүлхан ага өзү жөнүндө айтпады, болгону ага өз сунушун туура көргөнүн айтты. Гүлханга окуу башталгандан эле Арип деген бала артынан калбай жармашып жүргөн, кат дагы жазды, кыз андан качпай атайын жолугуп жигити бар экенин, андан башканы сүйбөй турганын айткан, ага карабай эле артынан жүрө берет. Ошол эле күнү кечинде Курман Гүлханга чалды эле ал телефонун көтөрбөдү, анан Кулубекке чалып үйдөн кетип калганын айтканда алар кабатыр болуп Гүлханга чалышты. Гүлхан атасынын чалганын көрүп ала койду:

- Ата, кабатыр болбогула, мен курбум менен чыгып алдым, - деди эле Гүлсана телефондон кабатырлана сүйлөдү.

- Кызым, эмнеге агаңдын үйүнөн кетип калдың, ошол жерде эле жүрө бербейт белең кызым, туура эмес кылыпсың.

- Апа, менин окуганымды каалайсыңарбы же Курман деген көпөскө келиндикке бересиңерби? - деди Гүлхан ызалуу.

- Эмне дейт, ким айтат аны?

- Силер алар үчүн болгону мал бакчу кулу катарысыңар апа, атама айт малын бүт өткөрүп берип өзүңөрчө оокат кылгыла, мен булардын жардамысыз эле кызыл аттестат менен бюджетке киргенмин, өз күчүм менен окуйм, - деп ыйлагысы келип бирок ата-энеси кыжаалат болбосун деген ойдо кайраттана сүйлөдү, - Калган сөздү жолукканда сүйлөшөбүз апа.

- Жакшы жүр кызым, сак боло гөр... - деген бойдон телефон өчүрүлдү, Гүлхан ызадан ыйлагысы келип ээрдин тиштене көзүн жумуп туруп калды. Ошондон кийин окуу жайга Мелис келип калчу болду, бир жолу Денис экөө турганда келип:

- Гүлхан, экөөбүз сүйлөшүүбүз керек, - деди ары туруп алып.

- Менин сиз менен сүйлөшчү сөзүм жок.

- Жок, сен мага капа болуп жүрөсүң, кечирим сурайм.

- Кереги жок, менден кечирим сурабай эле коюңуз, - Гүлхан Денисти колтуктап ары басып кетти. Мелис ага кекенип унчукпай басып кетти. Гүлхан аларды көргүсү жок эле, Акылайдын айткан сөздөрү анын кулагында, атасына сүйлөшкөн сайын телефондон: "Малын өткөрүп бергиле, ал силерге тууган эмес болбойт дагы, алар малчы же жалданма кулу катары көрөт экен деп айта берчү болду. Көп өтпөй Гүлсана көңүлү түтпөй өзү келип адегенде кызына жолугуп уккандарын бүт айтып бергенде ачуусу менен Курмандын үйүнө келди, аны Акылай сүйүңкүрөбөй тозуп алды:

- Кел Гүлсана, кандай шамал айдап келди?

- Келдим, шаарга келүүгө түрткү болгон кызым эмес, сиздердин малыңыздар, ушундайда башка малчы алып бизди бошотуп койсоңор.

- Ийи, кардыңар тоюп, балдарыңар чоңоюп калды да ээ? - деди Акылай ага көзүнүн кыйыгынан жек көрө карап.

- Ошондой болуп калды, тезирээк малчы жибергиле, биз башка жумуш таптык, балдарды багуу үчүн дагы иштешибиз керек, - деди Гүлсана дагы ачуусун ичине катып токтоо, - Биз көз каранды эмеспиз эч кимге.

- Кызыңарды окууга киргизип койгондон кийин ушу да.

- Гүлхандын өз күчү менен өткөнүн жакшы билебиз, ал алтын медаль менен келген кайда арыздансак дагы чындыгына жетебиз.

- Мени менен айтышканы келдиң беле? - Акырая карады.

- Өзүңүзгө жараша сүйлөдүм, биз сиздин кул-күңүңүз эмеспиз, - Гүлсана артына бурулду, - Бир жума күтөбүз, барбасаңар мал-салыңарды сарайга камап кетебиз, күтө албайбыз, - деди да тез-тез басып чыгып кетти.

- Адам деген ушул да, карды тоюп, кийими бүтөлүп калгандан кийин терс бурулуп калат, карасаң мунун сөзүн, кул-күңүң эмеспиз деп, көрө-өбүз, растрата кылбасамбы силерди, - деп үй ичинде жинденип жатканда Мелис келди.

- Эмне болду апа?

- Эк, жанагы сетер кыздын азабы, жөн эле ай менен күндөн бүтсө дагы башка кыздарды тап, ал бизге туура келбейт, көргөнү жамандын көпкөнү да жаман дейт, булар биздин малды багып жүрүп мал күттү, балдарын чоңойтту, кызын окууга өткөрдү, - деп сүйлөнө бергенде Мелис унчукпай көпкө отурду, анан апасына карай?

- Апа, башкасын билбейм, Гүлхан өз күчү менен окуп жатат, анын тиешеси деле жок, ал алтын медал менен келген турбайбы, - деди жай.

- Ошондо деле атаң дайындап сүйлөштү да, өзү балакетти билмек беле?

- Баары бир ал кыздын билим күчтүү экен, аны кошпой эле койчу.

- Ай бала, ошол кызды экинчи оозуңа алчу болбо, күндөн түшсө дагы башка кызга үйлөнөсүң! - деп Акылай баласын ачуулу карады.

- Мен ал кыздан башканы албайм, эгерде ага үйлөнбөсөм өмүр бою бойдок өтөм! - деп кетип бара жатканда Курман кирип келди.

- Эмне болуп жатасыңар, кайда жөнөдүң Мелис?

- Кайдагы бир кызды үйгө алып келгенсиң, үйдөн тынчтык кетти, ар кимиң өз билгениңди кыласың, деги бул үйдө сөз укчу адам барбы? - Акылай жиндене колдорун жая албууттанды, - Жетесинде эчтеке көрбөгөн кызды үйгө алып келдиң эле үйдүн кутун учурду!

- Түшүндүрүп айткылачы деги.

- Апам түшүндүрсүн, - деп Мелис кетип калды.

- Кулубектин аялы келип кетти, - деп Акылай калп-чынды койгулаштырып учура жамандап кирди, - Кыскасы малыңды бакпай турган болуптур.

- Ошондой де, ага эмне жин тийиптир?

- Көпкөн да, бекер оокат ичип өзүнүкү катылып жатса.

- Болду! - Курман аялына ачуулана катуу айтты, - Сен барып мал багып көрчү!

- Ошол эле калды эле, эми менин койчу болгонум жетишпей жатат да.

- Ооз кесир сүйлөгөнүңдү токтот, башка бирөөнү алсаң баарын сатат да жолго түшөт, ал анте албайт, анан дагы так, башын кемитпей өстүрүп жатат, андай малчыны табуу оңой эмес, - Курман ачуулу чекесин сыйпалай отуруп калды.

- Эмне кыласың анан, алар башка жумуш таап алдык дейт.

- Өзүм барып сүйлөшүүм керек...

- Сүйлөшкөндө эмне, жанагы селпейген кызы бирдеме десе керек да.

- Бирөөнүн баласын антип айтпа, баары ошондон болуп жатат, сенин ооз кесир сөзүңдү угуп калып жеткирсе керек да, экинчи ушундай сөзүңдү угат экенмин таарынба! - деп туруп бара жатып кайрылды, - Гүлсана кайда кетти?

- Кызына кетсе керек да.

- Анда ага чалып билүүм керек, - деп телефон чалып кирди, - Алоо, Гүлсана балам, келип кетипсиң, бир аз отуруп чай-пай ичсең болбойт беле?

- Эми ага жалдырайсыңбы? - Акылай күйөөсүнө карады.

- Бас үнүңдү! Ооба-ооба мен азыр келип билдим, шаарга келип анан чай-пай ичпей кетип калба, ошол кантип болсун, биз бөлөк-бөтөн эмеспиз го, канткен менен бир уруунун балдарыбыз, көзмө-көз сүйлөшөлү, сени өзүм жеткирем балам, эртең келип кал, жарайт-жарайт, - деп телефонду өчүрүп аялына карады, - Керектүүнү бүт дайында, балдарына кийим кечени унутпа, Кулубектин айлыгын көтөрөмүн, он миң сомго, канча мал турат, күндөп-түндөп мал багуу оңой бекен, башка бирөө кемитет сатып алып жоголду дейт, бер жагы он беш жылдан бери бир башты өлүмгө учурата элек, алганын алып жатабыз, кийиз китепти даярдап кой! - деп чыгып кетти, Акылай үн дей албай калды. Ал күйөөсүнүн ачуусу келгенде кандай болоорун билгендиктен ооз ачпады, болбосо бир көзү көгөрөөрүн билет.

Мелис болсо Гүлхандын артынан жүргөнүн токтотподу, күндө айланчыктап окуу жайдын тегерегинде, кыз өз сүйгөнү Денис менен күндө ээрчишип чыгып кетет. Денистин ата-энеси ушул жайда кыздын ата-энесине барып сөйкө салмак болуп жаткан, экөө бири-биринен бөлүнбөй эгиз козудай бирге жүрүшөт.

- Гүлү, тезирээк эле баш кошуп алалычы, - деди бир күнү Денис.

- Шашпа, аз калды, буйруса үчүнчү курс болобуз, - Кыз наздана күлүп койду, - Каникул болгондо көрөбүз да.

- Атамдар даярданып жатат, буйруса төрт-беш айдан кийин бирге болобуз жаны, - Жигит кызды колтуктай басты, - Мен сени сүйөм Гүлүм.

- Мен дагы...

- Жа-аным, сени мен өзүмдөн да артык көрөм.

- Мен дагы, - Гүлхан жигитине башын жөлөй махабатка магдырап турду, аларды алыстан карап турган Мелистин муштумдары өзүнөн-өзү түйүлө, тиштерин кычыратып алды: "Мен силерди ажыратамын, сөзсүз бөлөм, сүйүүнүн кандай экенин көргөзөмүн, өзүм сүйгөн кызды бирөөнүн кучагынан көргөнгө чыдай албайм", - деп ойлонуп ачуудан жаактары карыша унаасын көздөй басып кетти. Гүлхан менен Денис китепканага бары андан соң кафеден чай ичишти, ушул кезде дүйнөдө экөөнөн бактылуу эс ким жок эле, булар бир аз күндөн кийин эки башка адамга айланып көңүл отун көкөлөтүп, бактыга магдырашкан таза сүйүүлөрү кумга сиңген суудай жок болуп кеткенине түшүнбөй кыз азапта калаарын, жигити неге тез айланаары табышмак бойдон калаары азыр аларга туңгуюк эле... Мелис кыжына үйүнө барбай мейманканадан орун алып эмне кылаарын билбей алдастап жатты. Бири кем дүйнө десеңчи, өз бактысы үчүн башканын бактысына балта чапкан пенделер көп болгон, боло берет эмеспи, анын сыңарындай эле Мелис Денисти кантип жок кылуунун амалын ойлонуп жатты. Ал үйүнө келбегенден улам Курман менен Акылай кабатырланып жатты, бирок ишин токтото албаган Курман айылга Гүлсананы жеткирип келди. Кулубек аны көңүлсүз тозуп алды, ал бир машинага толтуруп жалаң той берчүдөй печенье менен конфеттин түрүн коробкалап, банан менен анар, кактардын түрүн, апельсин, мандарин, жүзүм менен ичкиликти блоктоп түрүнөн жүктөтүп алып келди. Үйгө киргенден кийин бакылдап балдарга деген кийим-кечени өзү ар бирине берип чечекейи чеч боло, эч нерсе болбогондой сүйлөп жатты, Кулубек аялына карады эле ал ийин куушуруп тим болду. Балдардын ар биринин көлөмдөрүн билгендей чактап кымбатынан алган экен, андан соң Кулубекке карады.

- Иним, биз бөлөк-бөтөн эмеспиз, түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат, - дегендей түбүбүз бир, Атаке уулунанбыз, бири-бирибизди кечип кете албайбыз, - деди карсылдай.

- Байке, мен түшүнбөй турам, кечээ эле жеңем Гүлсанага айтпаган сөзү калбаптыр, эми сиз...

- Аялдын сөзүн укпа иним, ал сүйлөй берет, мен сени баалаймын, сенден башкага ишенип да бере албайм, - деп чөнтөгүнөн миң сомдуктан онду алып чыкты, - Мындан ары айлык акың он миң сом болот.

- Байке, ушундан көрө тынч эле болсокпу дедим эле...

- Эмнеге, кыйналып калдыңбы?

- Жо-ок, бирок биз кызды ортого албашыбыз керек эле, ошондой сөз угуп калдык, андай болсо бизди өз жайыбызга койгонуңуз оң го?

- Аа-а, - Курман калп каткырды, - Эми-и жаштарды билесиңер да, чунак баланын кызга көзү түшүптүр, сулуу кызга кимдер ашык болбойт иним, Гүлхан бул дүйнөдөгү нукура сулуулардын бири болуптур, ага көз тийбесин, биз аны тыйып койдук, - деп сөздү башкага бурмак болду, - Баса кийиз китепти алалы, быйылкы төлдү айт, койдун бала салганы жокпу?

- Жок, ириктерин бөлүп койгонмун, тубар кой өзүнчө, анын боозу кысыры да бөлүнгөн, эки жылкы бооз, жакында тууйт, жыйырма уйдун төрөөр маалы болду, - деп дептерин көрсөттү Кулубек, - букаларын өзүнчө бөлүп камап жатам, эркек малдын башы жетимиш.

- Азаматым, сенин ушундай ак дилден кылган кызматыңды кантип билбейин, быйыл бир ургаачы торпокту өзүңө энчилеп ал, - деп бакылдап жатты Курман. Кулубек кызынын сулуулугун айтып, баласын тыйдым дегенине ишенди: "Бөлөк жашап жатпайбы, эмне кыла алмак эле", - деп ойлоп эми гана агасы экөө импорт арактан бөлө тарткандан кийин жибий түштү. Ошентип кыйдылык менен көңүл таба билгенине корстон боло үйүнө кайтты. Гүлхан Денистин сабакка келбегенинен кабатырланып телефон чалса да өчүрүлгөн деп какшанып жатты. Арадан үч күн өткөндө ал сабакка келди, бирок Гүлхан тарапты карап да койбоду, дептеринен баш көтөрбөй жүзүн ала качат... Анткени аны Мелис жолдон салып кетип өзү көрүнбөй башка бирөө аркылуу коркутуп. Буту-колун байлап, кекиртегине бычак такап: "Эгерде эми Гүлханга жолой турган болсоң башыңды кесип ата-энеңе жөнөтөбүз, аны унут", - деген эки-үч сааттай кармап караңгыда жүргөн үйүнүн жанына алып келип таштап кеткен эле. Эки күн жатып абдан ойлонду, өз сүйүүсүн коргоп кала албасына көзү жеткенден кийин андан баш тартмак болгон. Гүлхан жан алы калбай аны бура бастырбай, сабакка дагы көңүл бурбай аны бучкактап алды:

- Денис сага эмне болгону айтчы, эмнеге унчукпайсың?

- Эмне демек элем, эчтеке болгон жок, - Тетири бурулду, - Гүлхан сен барчы.

- Эмне дейсиң, мени көргүң келбей калдыбы?

- Андай эмес, бүгүн-эртең мага жакындабай эле койчу.

- Эмне деп жатасың, кечээ эле бири-бирибизден айрылбайбыз дебедик беле?

- Ал эми бүттү Гүлү, сен өз бактыңды тап.

- Денис, мага түз карачы, ушул сөздү чын айтып жатасыңбы?

- Ооба, биз балалык жакшы көрүү сезимин сүйүү деп чаташтырып алыппыз, - Жер карап айтты Денис муну.

- Акмак! - Гүлхан муну жаакка чаап жиберди, ал козголбоду, аларды акмалап жүргөн Мелис көрүп мыйыгынан жымыйып алды: "Ушундай кылбасаң түбүңө жетмекмин", - деп ойлонуп аягына чейин карап туруп басып кетти. Алар экөө көпкө чейин ары тартышып, бери тартышып отуруп анан эки бөлүнүштү, кыздын көз жашы көл болуп кетип бара жатты, аялдамага барганча алыстан Мелис унаасын жай айдап узатып барып ал маршруткага түшүп кеткенде гана кала берди: "Азыр жолугууга болбойт", - деп ойлоду ал. Эч нерсеге көңүлү келбей мейманканадагы номерине келди да жатып алды. Телефонун караса атасы да, апасы да кайра-кайра чалыптыр. "Силердин башка-башка көз карашыңар мени кайда алып бараар экен, менин көңүлүм, жүрөгүм менен ишиңер дагы жок", - деп ойлонуп жата берди. Гүлхандын жүрөгү өрт болуп күйүп тынчый албай: "Неге, неге антет, балалыгыбыздан бери бири-бирибизди жакшы көрүп жүрүп акыры сүйүүгө, болгондо да эч нерседен кайткыс күчтүү да, аруу-таза сүйүүгө айланбады беле, же ал өзү мени чын сүйбөсө керек, башка бирөөнү менден дагы өтө сүйүп калса керек", - деп ойлонуп уйкусу качып, жаздыгы жашка жулуп убакыт өтө берди. Бир күнү өзүн чыйралта Денисти унутууга аракет кылып калганда Мелис атайлап жолунан чыкты.

- Гүлхан! - деди күлө каршы алып.

- Сиз...

- Ооба, көптөн бери көрүшпөй кеттик.

- Кол бошобойт байке.

- Туура, окуу деген окуу да.

- Менин убактым жок эле, - Гүлхан басып кетмек болду эле Мелис аны токтотту, ушул маалда Денис аларды талдын далдоосунда карап туруп: "Ушул болду бекен, балким экөөбүздү ажыраткысы келген ушул болуп жүрбөсүн", - деп армандуу карап туруп намысына келди: "Мен Гүлханга ачык айтамын да баарын таштап айылга кетип үйлөнөбүз дагы жай гана жашай беребиз, бул балакеттен алыс болобуз", - деп ойлонуп кетип караса алар жок, алдастап ары жүгүрүп, бери жүгүрүп таппай калды. Мелиске болбой жүгүрүп кетип калган Гүлхан бак ичине барып отура калып буркурап ыйлап жатты: "Эмнеге, эмнеге Денис мени карабай кетти, анын мага деген сүйүүсү жалган экен да, өз бактыңды тап деп коет, мен аны кандай унута алам, кантип башканы сүйө алам", - деп дилинде сыздап жаткан кыз өзү үчүн ал дагы азап чегип жүргөнүн сезбеди. Мелис ого бетер сүйүп, кыздын жамалына тойбой түнү уйкудан, күндүзү тынчынан кетти, үйүнө барбады: "Мен аны бул өмүрдөн жок кылуум керек, ошондо гана ал меники болот, унутат аны", - деген чечимге келди, аны бул жолдон эч ким кайра тарттыра албас эле, эртеси эки досуна жолугуп жетээрлик акча сунуштады да тынчы кетип мейманканада жатты. Денис сабакка келбей калды, анын келбегенине Гүлхан абдан кабатыр болуп телефонуна смс жөнөттү: "Денис, сен мени сүйбөсөң мейли сабакка келип тур, жок дегенде жакындар көрүп кубат алайын, анткени мен сенден башканы сүйө албайм", - деген. Денис муну окуп алып: "Гүлүм, мен дагы сени сүйөм, кечир мени, бирөөлөр бизди ажыраткысы келет", - деп жазып жиберди. Муну окуп алган Гүлхандын кубанычы койнуна батпай ыйлап отуруп анан: "Ким ал, бизди ажыраткысы келген ким болду экен, неге андай кылат, балким Мелис болуп жүрбөсүн", - деп көздөрүн алайта ойлонуп калды да: "Ал ким, сен мага ачык айтчы Денис, азаптан өлүп кетпейм, сенден бөлүнгөндөн бери ансыз дагы армандамын", - деп жазды. "Мен ким экенин билбеймин, болгону сага жолуксам өлтүрөөрүн айткан", "Андан неге коркосуң, чыныгы жигит деген эч качан сүйгөнү үчүн өзүнүн сөзүнөн кайтпай жигитче турат", "Мен коркконум жок, болгону сени аяп жатам", "Эмнеге, мени неге аядың", "Сени дагы өлтүрөбүз дешти", - деп жазышып жатып таң аттырышты. Акырында Денис: "Сен мен үчүн баарын таштап мени менен жөнөкөй жашоого кетет белең", деген сунушун жазды, Гүлхан көпкө ойлонуп жооп жазбай калды, Денистин тынчы кетип жатты, көптөн кийин гана: "Мен макулмун", - деген жооп келгенде кубанганынан күлүп жиберди...

Курман Мелисти үйгө келбегенинен тынчсызданып жатты, Акылай болсо анын баарына жалгыз гана Гүлханды күнөөлөп жатты, бирок аны Курман тыйып коюп өзү кабатырланып жүргөндө Мелистин бирөөнү унаасы менен уруп кеткенин угуп шашылыш прокуратурага барды, Мелис башын жерге салып атасынан сөз күтүп турду:

- Кана, эмне болгонун айтчы, - деди Курман ага карап.

- Жолдо келе жатканмын, жол чырак күйүп менин жолум келген, анан эле кайдан-жайдан бирөө пайда болду, кача албай калдым, - деп калп айтты.

- Калп айтпа!

- Калп айтканым жок.

- Отура бер анда, - деп басып кетти, Мелис айласы кетип отуруп калды, бирок ал аргасыз калп айтканын ойлонуп отурат, Гүлхан менен Денис макулдашып алып жолугушчу жерди болжошкон эле, Денис шашыла кийимдерин жыйып алып Гүлхандын өзүн күтүп турганын элестетип кетип жатып Мелис дайындагандардын эмес, Мелистин унаасына урунуп өлөөрүн ким билди. Мелистин дагы ойлогону бул эмес болчу, башка бирөө аркылуу аны өлтүрмөк болгон, бирок кокустук анын өзүн кучагына алып Денистин өлүмүнө себепкер болуп отурат. Курман аны куткарууга далбастады, тааныштарына акча сунду, бирок кокустуктан болгону далилденди, ал өлгөн адам жол жүрүү коопсуздугун сактаган эмес деген чечим менен аны адамды өлтүрүп алганы үчүн үч жылга кесип ийээрде куткарып калды. Гүлхандын боздогонун айтпа, анын сөөгүн алып кеткенде окуусун таштап айылга кетип калды, ошентип ал окуусуна карабай ата-энесинин кашында болуп калды, эч ким менен сүйлөшпөйт, тамак ичпейт, Денисти койгон күнү ал үйдөн чыкты, Гүлсанага курбусунун үйүнө бараарын айткан эле. Өлүктү коеор күнү Курман Айыптын алдынан өтүү үчүн Мелисти ала келип кокустук экенин түшүндүрүп тажиясына керектелчүнүн баарын төлөштү. Көрүстөн жол боюна жакын болчу, ызы-чуудан зорго чыгып кетип жаткан Мелис атасына карады:

- Ата, бир аз токтоңузчу, - деди да унаа токтоору менен түшүп көрүстөнгө карай жөнөдү, анткени Гүлхан жаңыдан үйүлгөн топуракты колдору менен мыжып ыйлап отурган эле:

- Денис, сен мен неге таштап кеттиң, бизди бөлгүсү келгендерди кудай жазаласын, убалың жетсин, менин ак сүйүүмө кара санагандарга кудай жеткирсин, анын ата-энеси дагы сенин ата-энеңдей боздосун, көз жашымдын кусуру урсун Денис, апаңдын ак жоолугун салынып эрке келин болбой калдым, мен сенин мүрзөңдүн үстүндөгү соолуган гүл болду-ум!, - деп буркурап жатканда Мелис аны карап туруп басып барды.

- Гүлхан, мени кечир, билген жок элем, атайын жасаган жокмун...

- Жүзү кара! - деген Гүлхан ага карай топуракты алып чачып жиберди, - Ушунун баарын кылган сенсиң, ылайым жыл айланбай сенин дагы денеңди топурак бассын, менин Денисимдин кейпин кийип кал!, - деп жаңы гана үйүлгөн топурактан үч жолу үстүнө чачты, - Жүзү кара!

- Кечир, менин күнөөм жок, капысынан алдымдан чыга калып, урунуп алды.

- Калп, мындай калпты көпкөн атаңа айт, сени арбак урсун!

- Антпечи карындашым, мен күнөөлүү эмесмин, - деген Мелис көрүстөндүн топурагынын ыйык экенин, ал тийген адам каргыштын капаатына кабылаарын сезбеди, жөн гана силкип коюп улам жакындай берди, - Күнөөм жок Гүлхан.

- Жогол жүзү кара, мен бул дүйнөдө Денис менен гана бактылуу болмокмун, мен гүл элем, сен менин тамырымды үздүң, жүрөгүм сүйгөн адамымдан ажыраттың, мен эми тирүү өлүккө айландым, бактымдын таш талканын чыгардың, - деп дөбөгө өбөктөй жатып солкулдап жатты, - Денис мени таштап ушул караңгы жерди калдыңбы, кантип таштады-ың!

- Гүлхан... Гүлхан мени кечир! - деп Мелис ушул ирээт сүйүүнүн күчтүүлүгүн сезди, жаш кыздын көрүстөндөн коркпой үстүнө жатып алып боздогону анын жүрөгүн оорутуп турду, аргасыз көзүнө жаш алып кудайдан Денистин жаны жаннатта болушун тилеп куран окуп көпкө отурду, кыз соолуктап жатып эстен танып калганда көтөрүп унаага салды да Кулубектин үйүн көздөй жол тартышты. Кызынын сулк жатканын көргөн Гүлсана бакырып жиберди:

- Буга эмне болду кокуй, кайдан таптыңар?

- Көрүстөндөн, - Мелис башын жерге салды, Курман өзүнүн шоопуру менен кетип калган эле, ал Мелистин маанайын байкап: "Мейли жалгыз болгусу келгендир, өзү барат", - деп ойлогон, көрүстөндө отурган кызды көргөн эмес.

- Карангүн ай, Денистин артынан өлгүсү келген го, сен кылдыңбы ушунун баарын, билгенмин бирдеме болоорун, кызымдын жаш жүрөгүн сыздаттың, окуусун таштап келе берди, силерге кудай гана бардыр! - деген Гүлсана кызы менен карбаластап калганда Мелис кетип калды. Ал жөн гана кетип жатпады, сүйүүгө бир чети ыраазы болуп кубанса, бир эсе каргап алды, анткени өзүн сүйгөн кыз ушул убакка чейин жок эле, бир эсе сүйүүгө таазим эткиси келет, анткени Гүлхан менен Денистин сүйүүсү аны таазим эткенге мажбур кылды. Гүлхандын абалын угуп Айып улуу келинин түндөсү жөнөттү, анткени анын телефонунан экөөнүн жазган каттарын балдары көрүп айткан болчу. Гүлхан ошол бойдон эсине келбей улам көзүн ачып Денистин атын кайталай берип бир жума жатты, врачтарды чакырып көрсөтүп дарылатып жатышты. Айылда алардын сүйүүсү жөнүндө сөз болуп жатты, арадан бир ай өткөндө гана ал өзүнө келип бирок эч ким менен сүйлөшпөй дагы, сыртка чыкпай дагы телефонундагы Денистин жазган каттарын окуп отура берчү болду. Гүлсана менен Кулубек анын көңүлүн көтөрмөк болуп ар кандай кинолорду, ыр менен клиптерди алып келип берет, ага карап да койбойт. Өңүнөн азып арыктап бара жатты, бир күнү кечинде Айыптын аялы Гүлнара келип кыздын түрүн көрүп зээни кейип жанына отуруп алып ыйлап жатты:

- Кызым, буйрук эмес тура, окууга жөнөтпөй эле силерди үйлөнтүп койсок болмок экен аттиң...

- Бул менин тагдырым го, биз экөөбүз тең элди дарылап бей-бечарага жардам берген врач болобуз деген элек.

- Кантейин чырагымдан айрылып калдым.

- Сиз чырагыңыздан, менин түбөлүк маңдайымда жанып турчу шамым өчтү, эми мен өтө-энемдин төрүндө соолуган гүлмүн, Денис жок мен тирүү өлүкмүн! - дегенде Гүлсана аны кучактай калды.

- Каралдым, антип айтпа, атаң экөөбүздү, инилериңди ойлосоң боло.

- Апа, кыз бойго жетип өз элин тапса ата-эненин бактысы, мен болсо ата-эненин төрүндө тул калдым, сүйгөнүмдүн үйүн бактылуу аттап, арналган ак жоолугун салына албадым, мына бул жамалымдын Дениске кесири тийди, ал менин кесиримден өлдү, кантип өзүмдү кечире алам, кантип уйку көрүп тынч жашайм апа, ушул ишке катышы бар адамдын жыл айланбай көрүстөнү пайда болгондо гана мен сыртка чыгам, ошондо гана мен адамча жашоого аттанамын, эгерде андай болбосо жыл маалында Денис өлгөн күнү мен дагы жер жазданам! - деп мостое айтканда Гүлнара аны кучактап алып көпкө ыйлады да:

- Сен өзүңдү күнөөлөбө кызым, кудаанын буйругу экен, экөөңөрдү кошподу садага, биз сени ал үчүн күнөөлөбөйбүз, ал кудайдын сүйгөн пендеси экен, периште болуп учуп кетти, кайып болду садагаң, Айып мени сага ушуну айтуу үчүн жөнөттү, кайгырбасын жаш жанын кыйнабасын деди, акырет кеткен уулумду сүйгөн кызды кызым катары кабыл алайын, көп ыйлап кейибесин деди кызым.

- Ыраазымын апаке, бирок менин зарым, каргышым бирөөгө жетип анын ата-энеси сыздаганын көргөндө сүйүшкөн эки жаштын убалы жетээрин билсин, ошого чейин мен каш кагып күлбөйм, эшик аттап чыкпайм, азалуу аялдай жыл аягын күтөм, - деп Гүлхан көзүнөн мөлт эткен жашты сыдырып алды, анын бул түрүн көргөн Гүлнара ичинен сыздап үйүнө кетти, Кулубек менен Гүлсана кызынын кабак кашын карап турушчу болду, ал өзү айткандай эле үйдөн аттап чыкпады, кабак ачып күлбөдү, суудан башка даам татпады, кээде гана сындырым нан жеп чай ичпесе эчтеке ичпейт. Бара-бара арыктап бет сөөктөрү оркоюп жаркып турчу жамалына муз тоңгон...

Мелистин ошондон баштап уйкусу качты, көзү илинсе эле өзүнө топурак чачкан Гүлхан, анын артынан эле өзүнө чакырып колун сунган Денис көрүнүп ойгонуп кетет, жүрөгү лакылдап алкымы кургап көзүнөн тамчы суу өтүп жанталаша суу жутуп андан кийин уктай албай таң аттырып, өзүнөн-өзү өңүнөн кетип бара жатты, Акылай андан сары санаа болуп күйөөсүнө бир күнү минтти:

- Мелисти врачка көрсөтсөңчү, коркуп калганбы, өңү азып кетти го?

- Чоочуп калса керек коркпо, дем салдырып жүрөгүн көтөртүп коелу.

- Өлүгүңдү көрөйүн сетер, баары ошол Кулубектин кызынан улам болду.

- Бирөөнүн күнөөсүн көтөрө бербе, анда не айып, андан көрө алар жөнүндө кеп кылчу болбо, Мелис бир аз өзүнө келсе үйлөнтүп коебуз, - деп Курман камырабай отура кетти, - Тим кой, өзүнө келсин, аа-а тигил кыз жөнүндө ооз ашчу болбо.

- Болуптур, - Акылай кыйгачтай карады, - Дегиңкиси-и ошол бейбак келгени баламдын куту качты, күнү бою үйдөн чыкпайт, жеп ичкени начар, эчтекеге көңүлү жок, күндөн-күнгө өңдөн азып бара жатат, кадимки соолуп бара жаткан булак көзүндөй көздөрү чүңүрөйүп акыбалы кыйындап бара жатат...

- Кам санаба байбиче, бара-бара оңолуп кетет, тирүү адамды кокус өлтүрүп алуу оңойбу, коркуп калгандыр жаш неме.

- Эртелетип эмдетпесек болобу, мен корком Куке, - Акылай ыйламсырай отурду, - Балама бирдеме болобу деп корком.

- Коркпо, мен аны менен сүйлөшөйүнчү, бөлмөсүндө элеби?

- Ооба, мелтиреп шыпты тиктеп жатат балам байкуш.

- Кабатыр боло бербе, - деп коюп өйдө чыгып Мелистин бөлмөсүнө баш бакты, ал кирип барганда Мелис ыргып тура калды:

- Ата!

- Чоочуп кеттиңби уулум?

- Жок, - деп Мелис жүдөгөн түрүнөн кысына көзүн ала качты.

- Бу сен катуу коркуп калыпсың, эртең мечиттен молдо алып келип дем салдырайын, жүрөгүңдү көтөрүп да койсун.

- Кереги жок ата, анын жардамы тиет дейсизби?

- Эң сонун тиет балам, сен катуу коркуп калыпсың, кебетеңди карачы балам, чүнчүп кетипсиң, эми өзүңө кел да баарын унут, алдыда дагы далай өмүрлөр бар, сен али өмүрүңдүн бир барагын ача элексиң.

- Эми ачылбай калды го ата.

- Эмне дегениң бу, антип айтпай жүр балам, эртең дайын бол молдо келет.

- Кереги жок ата, өзүм эле...

- Болду, тамакты бата-бата ичип, өзүңө кел, - деп өктөм айтты да бөлмөдөн чыгып кетти, Мелис өзүнөн-өзү селт этип каалганын карс этип жабылышынан дагы коркуп кетти: "Баары ошондон башталды, сулуу аял жан азабы, сүйүүнүн жыргалы да азабы да бар, жыргалын татам десең азабына чыдай бил дегендей мен жыргалын татам деп өз башымды азапка салдым, эми оңолуу кыйын го, кыздын убалы мага жетет го, мен сүйүшкөндөрдүн ортосуна бөгөт койдум, аны өлтүрөм деп ойлодум эле өзүм өлтүрдүм, алардын убал-сообу мени тынч жашата койбос", - деп ойлуу эндиреп туруп анан жатып калды. Ал кээде өзүнөн-өзү сүйлөп да калчу болду, бир жолу түндө анын бөлмөсүнөн катуу үн чыкканынан Курман менен Акылай келип карашты, аларга эчтеке болбогондой түр көрсөтүп суроолору жоопсуз калды. Молдону алып келип дем салдырды, жүрөгүн көтөрттү, бирок эч натыйжа чыкпады, сүлдөрү эле калды, Акылайдын чырылдаганын тоготпой жүргөн Курман кийин чоочуп калды, арадан сегиз ай өтүп кеткен эле.

- Жогол дейм, жоголчу ары, сени мен өлтүргөнүм жок, күнөө менде эмес, кет деп жатам, ке-ет! - деп бакырганын угушуп дагы кирип келди.

- Мелис, сага эмне болду уулум? - Акылай үрпөйө кармап калды.

- Эчтеке! - деп диванга отуруп алып терс бурулду, - Эмнеге эле мени аңдып калдыңар, мен тирүүмүн уктуңарбы, өлгөн жокмун!

- Кой балам, андай дебечи садага.

- Анан эмне дешим керек эле апа, мени өлгөн баланын арбагы ээрчип алганына көп болду, азыр дагы мени өзүнө чакырып артымда турат, - Аргасы кете апасына бой урду, - Эмне кылам апа, мени өзү менен өзү сүйлөшүп жинди болуп калды деп ойлойсуңарбы, мени бура бастырбайт.

- Садагаң кетейин коркпо, ал сенин катуу чоочуп калганың эле, сени врачка көрсөтөлүчү, өзүңдү бас, тобо келтир балам, - деп Акылай Мелисти тынчтандырды, анан машина менен врачка көрсөткөнү жөнөштү, бул жолу Мелис макул болду, бир балээден кутулгусу келди, жолдо бара жатканда көздөрү чакчая түштү:

- Апа, ана карагылачы, жолдо турат, токтоткула машинаны, токтоткула! - Бетин басып бакырып жатты.

- Алда кудай ай, кайдан дагы балээге калдың эле? - деп башын кучактап көзүн жаап алып шоопуруна айдай бер деген белги берди. Ошол күнү аны ооруканага жаткырышты, укол алып дарыланганга бир аз сакая түштү, Курман айылга барып жылкыдан сатып келгенге Кулубектикине келип Гүлхандын түрүн көрүп чоочуп кетти: "Бул дагы катуу ооруп калган окшойт, деги эмне болуп жатат", - деп ойлоп алды, ал Мелистин уруп кеткен баласы Гүлхандын жигити экенин уккан эмес.

- Кызым, бир жериң ооруйбу? - деди үңүлө карап.

- Жүрөгүм...

- Эмне дейт, врачтарга көрүнүшүң кере да кызым.

- Менин жүрөгүмдүн оорусу арман, күйүттүн оорусу байке, - деп Гүлхан ички бөлмөгө кирип кетти, Гүлсана үшкүрүп болгон окуяны айтып берди, Кулубек үндөгөн жок, Курман ойлонуп отуруп калды.

- Жаман иш болгон экен да, Мелис аны кокустан уруп кетиптир, ажал шаштырып алдынан чыга калган тура, - деди анан.

- Кантейин, үйүбүзгө чанда өсчү гүл бактык эле, минтип кайгыдан азап чегип көз алдыбызда соолуп бара жатат, баары унутулаар деп күтүп отурабыз, - деди Гүлсана эмшиңдей, - Жалгыз кызыбызга чымын кондурбай үлпүлдөтүп бактык эле, тилеги каткан бир шумпай экөөнү бөлмөк болгон экен, окууларын таштап айылга келебиз деп жөнөгөн учурда коюп кетиптир...

- Ким ажыратмак экен? - Курман шекий сурады.

- Аны билбейм, телефондон кат жазып айтыптыр, кыскасы баланы коркуткан экен, ким экенин билбей калыптыр.

- Ата-аңдын гөрү, заман эмне болуп бара жатат деги, жаштар ай жаштар, бирөөнүн ыйынан бакыт кургусу келгендер бар да.

- Эмнеси болсо дагы кызыбыздын келечеги жакшы болсо болду, аманчылыгын тилеп отурабыз, - деп Гүлсана ички үй тарапты карап шуу үшкүрүнүп алды.

- Кызымдын өмүрү узун болсо бул күндөр деле өтөт, - деди Кулубек салмактуу, - Жамандык кылгандарды кудай жазалаар, гүлдөй кызымдын бактысына балта чапкандар оңбосун да.

- Ооба-ооба, кызым сакайып кетсин, убакыт өзү эмчи дегендей баары унутулуп кетет, - Кутман андан аркы сөздү укпай Кулубекке кайрылды, - Эми эки айдан бери келе албай калдым, бул жыйырма миң сом айлыгың, азыркыда белек-бечкек алып келе албадым, Мелис дагы бир аз ооруп жүрөт, санаабыз тынбай турат, бир жылкыны сатып кетейин, - деп келгенмин, врачка берүүм керек.

- Макул байке, эртеңки базарга чыгара коелу.

- Ошентели, - Курман унчукпай кыңкайып калды, Гүлхан ошол бойдон көрүнгөн жок, ал күнү-түнү ойлонуп жүрө берет, бирок апасынын жардамчысы, кирип чыгып жумуш жасап жүрө берет, отуруп алып көпкө куран окуйт, атайын куран китеп алдырып үйрөнүп алган. Курман айылдан катуу ойлонуп келди, Гүлхандын түрүн көрүп боору ооруганы менен өзүнүн баласын ойлогондо чоочуп алат: "Кудай жазасын берет", - дегенди угуп коркуп калды: "Эмне болоор экен, каргыш жаман болчу эле, кан куткарбайт деген чын болуп жүрбөсүн, кой бир көзү ачыктарга көрсөтүп бир айла табалы", - деп ойлонуп ооруканага барса, Мелис шыпты тиктеп ойлуу жаткан экен, сүлдөрү эле калган, жүзүндө тирүүлүктүн бир дагы жышааны жок жаткан эле. Каңырыгы түтөй сыртка чыгып кетти: "Демек баары ошол кыздын айынан болду, көрсө аны коркуткан экен да, кызды тартып алам деген го курган бала, эми кандай айла кылам", - деп улуу баласын, кызы менен кичүү баласын чакырып алды. Алар деле барып көргөн сайын зээни кейип кайтчу болгон, колдон келбегенге чара барбы, аны айтып муну айтып бир пикирге келе албай жатышты:

- Коркконунан оору калды, психический ооруга кабылган да, муну врачтар гана айыктыра алат, - деди улуу баласы Эрнис.

- Жо-ок, кыргызча көрсөтүш керек, корккон болсо врач жардам бербейт, - деди кызы Гүлжазы.

- Врач эле жакшы го? - деди кичүүсү Эмлис.

- Силерден акыл чыгат экен десе дурус акыл чыкпады, - Курман терең дем алып алды, - Көз алдыбызда бала куурап бара жатат балдарым.

- Эмне кыл дейсиз, өзүңөр билгиле анда, - деди Эрнис.

- Болду анда, көзү ачыкка бир көрсөтүп көрөлү, - деп Курман чечти, эртеси эле Мелисти үйүнө чыгарып келип мен деген айтып берчү аялды алдырып келди, ал эшиктен аттабай туруп эле:

- Жок, мен көрө албайм, башканы алып келип көргүлө, - деди да кайрылып кеткиче шашты, Акылай ыйлап-сыктап дагы бирөөнү алдырды, ал кирип келип эле:

- Ай-ай, өтүшүп кетиптир, мойнунда адам каны бир тура, болбойт-болбойт, өтүшүп кетиптир, эч арга жок, ары кетсе бир ай, бери болсо он беш күн, - деп келген жолуна түштү, ошол ошо болду, ал күн өтпөй түндөсү жаткан бойдон кете бериптир, күндө эрте туруп бир көрүп акыбалын сурачу Акылай кирип келип эле чучуктай чыңырып калды. Ошентип Мелистин дагы ичээр суу көрөөр күнү бүтүп оо дүйнөгө аттанды. Ошол түнү түшүнөн аян берди Гүлханга, ал Денис экөө кетип бара жатыптыр, эки айрылыш жолго келгенде Денис: "Мен бул жол менен кетем, сен бул жолго түш, сени бул жол бийиктикке жеткирет, кош бол эми", - деп шарт бурулуп басып кетет, ошондо анын артынан жүгүрмөк болду эле. Мелис келип: "Сен кал, анын атынан мен барам", - деп жетип Денис менен катарлашып кетип бара жатты: "Дени-ис", - деген бойдон Гүлхан көзүн ачты. Эч кимиси билген да жок, түнкү кызуу уйкуда жаткан ата-энесин бир карап алып терең дем алып алды: "Тобо, менин дагы көрөөр күнүм бар экен да, эгерде кошо кетсем мен өлмөкмүн", - деп туруп муздак суу ичип кайра жатты. Эртеси Кулубекке телефон чалып Мелистин дүйнөдөн өткөнүн айтышты, Гүлсана экөө шашылыш жөнөп кетишти, Гүлхан үйдө инилери менен калды: "Демек мени Денис кое берди, эми ага мен куран окутушум керек", - деп ойлонуп тамак жасап, жаңылап токоч жасап атайын конок келчүдөй дасторкон жайды да четине инилерин отургузуп алып узакка куран окуп бата кылды да:

- Жаның жанатта болсун, эми жаның тынчыгандыр, тигил дүйнөңдү берсин, - деп ичинен күңгүрөнө сыйынып отурду.

- Эже, сиз кимге куран окудуңуз? - деди улуу иниси Темир.

- Арбактарга. Алар куран окуганда тоюнушат, тирүүлөр ошол үчүн өздөрүн жеңил сезип арбактардын алдындагы милдетинен кутулгандай болот, - деди ойлуу Гүлхан.

- Аа-а, ошол үчүн атамдар көп куран окушат экен ээ?

- Ооба, чоң атамдар колдоп турушат да.

- Өлгөн киши кантип колдомок эле?

- Антип айтпа, өлгөндөр кудайдын сүйгөн пендеси болот, күнөөлүүлөрүн тозокко, ал эми күнөөсүздөрдү бейишке жиберет имиш, аларга шек келтирүүгө болбойт, - деп Гүлхан жылмайды. Кулубек менен Гүлсана эки күндөн кийин келди, алар кызынын көңүлү ачылып жүзүнө кызыл жүгүрүп калганын көрүп купуя кубанып калышты. Гүлхан ошол күнү үстүнө аппак көйнөгүн кийинип, чачын түйүп алыптыр.

- Кызым, көрүнүшүң жакшы, - деди жылмайган Гүлсана.

- Ооба апа, мен Денистен кечирим алдым, ал мени кое берди.

- Капырай, мындай шумдукту укпаптырмын, көз тийбесин деги, аман болсоң экен.

- Коркпо апа, мен эми өлбөйм, кандай барып келдиңер, ата-энеси кандай абалда болуп жатат?

- Эмнесин сурайсың кызым, баланын жамандыгын ата-энеге көрсөтпөсүнчү.

- Байлыкка көөп өздөрүнүн көп адам катары экенин унутуп калгандары жаман болгон апа, алар колундагы байлык барда өлбөйбүз деп ойлошкон да, өлсө бир адам катары эле эч нерсе албай жылаңач кетээрин эсине албай калган экен...

- Кой антпе кызым, баары бир байлыгы бар адамдын колу узун да, каалаганына жете алат, - деп Гүлсана үшкүрүнө отура кетти, - Жолдо чарчап кеттим.

- Атам кайда кетип калды?

- Ал сенин жүзүңдүн жарык экенин көрүп эле кубанып малды көздөп келүүгө кетти окшойт, - деди Гүлсана, - Бечара сөөк эле болуп калыптыр, кудайым андай өлүмдү башка салбасын.

- Өз жазасын алды, мени жашымда канатымды кайрып бактысыз кылды, Денисти күлгүнүндө жерге көмдү, ага кейибей эле кой, - деп мостое чыгып кетти. Ошол күнү ал үйдөн чыгып жолдон жоогазын гүлүн терип алып көрүстөнгө барды, көпкө отуруп куран окуду, анан бир топто артына кайрылып жөнөмөк болуп мүрзөдөн күңгүрөнүп үн угулгандан селт этип алды: "Эмне болуп кетти, эмне жаңылыш уктумбу", - деп кайрылып келди. Эч нерсе болбогондой айлана тыптынч гана мемиреп турган эле: "Демек арбак ыраазы болгондо бир оодарылып алат деп уктум эле, деп кайрадан куран окуду да бата кылып ордунан туруп жөнөдү, бул жолу эч кандай үн угулбады: "Мен Денис менен бактылуу болом деп кыялданчу элем, ал да бүттү, эми мен эч кимди сендей сүйө албайм, тагдырыма буйруганын көрөмүн, кандай болсо дагы баш ийип жашайм, адегенде окуумду бүтүүм керек", - деп чечкиндүү кетип бара жатты. Денистин жылдыгына Кулубек аялы менен Гүлхан болуп барып куран окутуп келишти, Денистин атасы Айыптын бир тууган агасы Жакып Айып менен бир жолу сүйлөшүп отурганда Гүлхан тууралуу сүйлөшүшкөн эле, эми жылдык өткөндөн кийин Жакып өзүнүн бир аял кетирген баласына алып бермек болуп Кулубекке бармак болуп кеңешти. Бирок Гүлнара каршы болуп туруп алды, ал Гүлханды кайнагасынын бир балалуу, аял кетирген баласына ыраа көрбөдү.

- Сен билбейсиң ал кызды, ал бир аруу кыз, жадагалса балалык сүйүүсүн арнаган Денисим дагы колун тийгизбегендир, бирок ал кыз жыл бою аза күтүп отурду го Айып, качан гана Денисти уруп кеткен бала өлгөндө серпилип үйүнөн чыгып отурат, мен аны Артурга ыраа көрбөйм, аны кор кылып коет.

- Кайдан билесиң, бактылуу болуп кетишээр.

- Жок Айып, ал анын кадырына жетпейт.

- Мейли, өздөрү билсин, кыздын макул болушуна карайт да.

- Ошондо да болбойт, мен Гүлханга айтамын, макул болбо дейм, - деп экөө көпкө талашып тартышты, бирок эч нерсе чечилбеди. Жакып болсо баласына алып бермек болуп Кулубектикине барганга камынып жатты, аны угуп алган Гүлхан акырын шаарга кетип калды, жаңы гана өзүнө келип кабагы ачылып калган кызынын көңүлүн кыйбай жөнөтүштү. Гүлхан дароо эле өзү окуган окуу жайга келип өзүнүн ооруп калганы тууралуу справкаларды көрсөтүп окуу башталганда кайрадан экинчи курска кире турган болуп документтерин дайындап койду, али окуу башталаарына эки ай бар болчу. Бир жумадай жүрүп жатакана иликтеп, батирге сүйлөшүп анан кетмек болуп жаткан. Ошол күнү Мырза бирөөнү тозуп алмакка вокзалга барган болчу, ал койкойгон узун бойлуу кызды көрүп эсинен тана жаздады. "Кайда барат болду экен", - деп ойлонуп дароо эле таксист болуп клиент издеген болуп Гүлхандын жанына барды:

- Чоң кыз кайда барасыз?

- Таласка барам.

- Анда ала кетейин, мен дагы ошол жакка бара жаттым эле.

- Канча аласыз?

- Бергениңиз боло берет, - Күлүп койду.

- Макул, канча киши бар?

- Сиз эле, эми табабыз, - деп ары басты, - Талас, Талас ким кетет?

- Эй сен кимсиң, сендей таксист жок эле го? - деп бирөө ага орой карады.

- Жөн гана ала кетейин дегенмин тууган, майга чыгып калабы деп...

- Бир экини алсам болду, - Мырза ага көзүн кысып койду, ал Акматтын айтканын эсинен чыгарып жиберди, ал дагы Таластан келмек, аны Мырза тозуп алып үйгө алып кетмек болгон. Бир кезде дагы бир клиент чыкты эле кыз чоочубасын деп аны салды да, - Болду, кете берели, - деп айдап жөнөдү. Улам кызды маңдайындагы күзгүдөн карап коет, жанындагы неме жаагы тынбаган неме экен ар кайсыны сурап бара жатат, бирине жооп берсе, бирине жооп бербей кете берди, жете бергенде ал үйүнө жеткирип коюну суранды, дал ошол кезде Акберди чалып калды:

- Кайда жүрөсүң, конокту тозуп албапсың го?

- Ай ата-а, такыр унуткан турбайынбы, дос барып калам, - деп дарооөчүрө салды, тиги кишини жеткирди да, - Кайда айдайын чоң кыз? - деди.

- Айдай бериңиз, мен да жетип калдым, - Гүлхан саал жылмайган болду.

- Менин атым Мырза, Кочкордон болом, шаарда турабыз, - деди Мырза кызды күзгүдөн карап.

- Менин атым Гүлхан.

- Жакшы экен, окуйсузбу же иштейсизби?

- Мединститутта окуйм.

- Оо дарыгер болот экенсиз да.

- Ошондой.

- Сиздей кыздын колунан дарылануу үчүн далай жигит ооруйт го? - Күлө карап тамашалады, - Буга чейин канчасы ооруду экен.

- Алды дабаасы табылбай оо дүйнөгө аттанды.

- Койчу? - Мырза кызды таңгала карады.

- Ооба...

- Туура, сиздей кыздын сүйүүсүнө арзыса кандай бакыт.

- Сулуулук бакыт эмес.

- Неге?

- Мага арман гана тартуулады, - Гүлхан улутунуп алды.

- Түшүнүктүү, бирок жашоо улана берет.

- Туура, улана берет, бирөөлөргө сезилбеген сезимдерде армандын күүсү чертилип жүрөктө азанын күүсү чалына бергенин эч ким билбесе керек.

- Балким.

- Сизге рахмат, мен келип калдым.

- Гүлхан, мүмкүн болсо сүйлөшүп туралы, телефонуңду...

- Жарайт, бирок сак болуңуз, - Гүлхан жылмая телефонун жазып берди да акча сунду, - Рахмат сизге.

- Жок-жок, тим коюңуз, - деп Мырза акчаны албай унаасын айдап жөнөп кетти. Гүлхан өзүнчө жылмайып алды: "Дурус жигит экен, маданияттуу адамгерчиликтүү болсо керек, деги көздөрүндө сыр бар, бул дагы сүйөм деп бучкактабаса болду", - деп ойлонуп турганда Гүлсана басып келди.

- Гүлү, келдиңби кызым?

- Ооба апа, неге мени көп кыздардай эле кылып төрөбөйсүңбү?

- Эмне болду кызым?

- Мени көргөн адам өзүнө дагы мага дагы азап алып келип жатпайбы...

- Кой антпе, бактың али алдыда, кызды көргөндө ким деле болсо көз арта берет кызым, - Гүлсана кызынын артынан ичкери кирди.

- Билбейм, көргөн эле адам жалт карап карысы да жашы да тийише берчү болду апа, деги эч кимге көрүнбөй үйдө эле отурсамбы?

- Бул учур да өтөт кызым, андан көрө окууңа кайрылдыңбы?

- Экинчи курстан баштай турган болдум.

- Жакшы болуптур, атаңа айтайын кубанып калсын, - деп кубана өз ишине киришти, алар ошентип өз жай турмушу менен алектенгени менен Гүлсана өз ичинен Гүлханды акыры турмушка чыгат бой жеткен кызга кимдер сөз салбайт, кимдер көз агытпайт, "кыз оорудай бир күнү ала качып кетсе уят болбоюн", - деген ойдо тымызын камынып жүргөн, колунан келгендей төшөктөрдү жасап, баарын даярдап койгон эле...

Акмат алгачкы жолу Мырзага капа болду, бирок Мырза ошол күнү башкача бактылуу болуп келип Тотуну өөп, Акматка жаадырай карап чест бере кечирим сураганда анын ички нааразычылыгы тарап кетти. Аруужаз керилген келин болгон, уулу жөрмөлөп ата-апа деп талпынып эбедейин эзген сүйкүмдүү наристе. Баары аны жакшы көрүшөт, айрыкча Мырза үйдө болсо колунан түшүрбөйт, ал дал ушул кезде өзүнүн бөлөк экенин унутуп ушул үй-бүлөөдө төрөлүп өскөндөй сезет өзүн, анткени ага Тоту дагы көнүп алган. Акберди катары эле кечиксе кабатыр болуп улам эшикти карап анын кирип келишин күтүп калат, качан гана ал кирип келгенде көңүлү жайланып алдына тамагын коюп мынчалык кеч калбасын суранып жалынып жалбарып отурат. Акмат дагы аны жакшы көрөт, азыр коноктору отурган бөлмөдөн чыгып келип:

- Сен кайда жүрөсүң ыя? - деди.

- Ата, мен бир укмуш сыр көрдүм, адамдан башка жан көрдүм, унутуп баарын заматта Манастын жерин бир көрдүм! - деп монолог кыла тегерене айтканда Акмат каткырып жиберди:

- Уулум, сен сыр көрбөй эле бир кыз көрүп ашык болуп калгансың го?

- Билбейм сүйүү аппак ууз сүттөйбү, балким сүйүү капкара коюу түндөйбү, азапты да, бакытты да таттырган, же ал сүйүү жаркып тийген күндөйбү ата? - деди Мырза эки колун жая суроолуу тигиле.

- Болду-болду уулум, сенин жан дүйнөңдү бүт кыздын келбети ээлеп алыптыр, эртең сүйлөшөлү, бүгүнчө өз кыялың менен жашай тур, - деп Акмат күлүп кирип кетти. Мырза өз бөлмөсүнө кирип барып дароо эле Гүлханды көз алдына келтирип алды, анын көз карашы, бой келбети, чачын жарашыктуу кылып түйүп алганы, сүйлөгөндө өзүнө жарашкан турпаты... "Кандай адеми кыз, бирок ал мени сүйөбү, атамдарды алып барсам макул болобу", - деп мостое түштү: "Алды дабаасы табылбай оо дүйнө аттанды", - дегенин эстеп: "Кызык табышмактуу сүйлөйт, же сүйгөнү өлүп калды бекен же сүйүүдөн көңүлү калганбы", - деп ойлонуп алды. Ошол учурда Мелистин өлгөнүн угуп Акмат менен Акберди болуп батага бармак болуп калышты, Мырза машина айдап бармак, Тоту дагы бар, кеч угуп батага келген Акмат Курман менен сүйлөшүп отуруп эмне болгонун укту, бирок ал кыз Мырзанын айткан кызы экенин билген жок. Убакыт билинбей өтүп айлана чөйрөнү жапжашыл болуп кооздукка бөлөгөн дарактардын бариктери саргайып, чөптөр куурап күз белгиси башталган. Акмат Мырзанын айткан кызын көрүп келүү үчүн Тотуну жанына алып жөнөп кетти, Кулубек үйдө жок эле, Гүлсана кир жууп, Гүлхан үйүн жыйнап жаткан, эшиктин алдына одессей токтоп калды эле, кырдан мал көздөгөн дүрбү менен көрүп түшүп келди.

- Келиңиздер, - Гүлсана утурлай басты, чоочун адамдарды көрүп чоочуп алды.

- Келип калдык, үй ээси сиздерби?

- Ооба, күйөөм мал көздөп жүрдү эле...

- Жакшы, жай отуруп сүйлөшсөк дедик эле, - деп керсейе эки жакты карап турганда Кулубек келип калды, ал телевизордон кээде гезиттерден көрүп жүргөн өкмөттүн кишиси келип турганына таңгала:

- Ас-саало-ому Алейкум! - деп кош колдой учурашты.

- Алеким Салам, кандай турасыңар?

- Жакшы-жакшы, үйгө кириңиздер, - Кол жаңсай үйгө жол баштады, үйгө кирип орун алган соң экөөнүн тең көзү Гүлханда болду, ал чачын кое берип дасторкон жайып арыдан бери баарын даярдап жиберди: "Атасы, периштедей сулуу келиндерди буйруган экен", - деп акырын шыбырап койду.

- Алыңыздар, нанга караңыздар, - деди Гүлсана, Гүлхан баарын даярдап коюп сыртка чыгып кеткен.

- Рахмат, - деп Тоту нандан алып ооз тийди.

- Келген экенсиздер, таңгалып турам, - Кулубек күлдү, - Ушундай өкмөт адамы эшигибизге келгенине таңмын таксыр.

- Да-а, демек бир себеби бар, - деди Акмат күлө, - Силерде бой жеткен кыз бар экен, бизде уул бар, кадыр көңүл жарашса куда-сөөк болсокпу дедик эле.

- Туура таксыр, сизге эмне дешимди билбей турам, сиздей адамдарга мен эмес кыз өзү жооп берсин, кызды көңүлү жокко таңуулап берген болбойт го?

- Туура, биз Мырзаны алып келбедик, өзүбүз көрүп келмек болгонбуз, - деди Тоту.

- Балдар сүйлөшүп анан көрбөсө... - Гүлсана күңкүлдөп күйөөсүн карады.

- Апа, ата мен сүйлөшкөндө эмне, тоодой-таштай адамдар кадырын салып келген экен, өз оюңарды айта бергиле, - деди Гүлхан кирип келип, баары аны карап калышты, Акмат кызды көрүп таңгалды: "Бул бир периште го, Мырзаны делбе тап кылган жамалында кеп жок экен, акылы тунук жан экен", - деп ойлонуп алды. Гүлхан ошентти дагы чыгып кетти, Кулубек ойлонуп туруп аялын бир карап алды да:

- Биз макулбуз, кымызды ичкенге, кызды сураганга бер деген, кызыбыз бактылуу болсо болду, - деди.

- Биз ыраазыбыз бай, эки күндөн кийин кыргызча келип куда түшөбүз, - Акмат ыраазы боло бакылдады, - Эмесе байбиче жолго чыгалы.

- Кетели, кыздын жообун алдык, ыраазыбыз сиздерге, энесин көрүп кызын ал дегендей ата-энеси жакшы кыз жакшы эмеспи, тарбияңарга кулдук, - деди Тоту салабаттуу сүйлөп. Аларды узаткандан кийин Кулубек Гүлханга кайрылды.

- Кызым өкүнбөйсүңбү кийин?

- Ата, менде өкүнгөндөй акыбал калдыбы, эмки жашоону эл катары жашагым келет, жаман адамдар эмес экен го? - деди Гүлхан жер карай ойлуу.

- Ошондо дагы тагдырыңды тобокелге салганың дурус болбоду.

- Кам санабаңыз ата, мен бактылуу болом.

- Айтканыңдай орундалсын кызым, - деп ары көздөй басты Кулубек, алар эми конок күтүүгө камына башташты. Сойчу коюн даярдап, туугандарын чакырып, Гүлханга бир-эки сыйра кийчү кийим даярдашты, дасторконго койчуну бүт камдап ошол күнү бүт туугандары келип күтүп калышты. Түшкө жакын үч машина келип токтоду, Акберди аялы менен Акмат Тоту экөө, Сайра менен Тотунун агасы, Мырза болуп келишти, мырзанын колунда бажырайган гвоздика гүлү бар, ал Гүлханды издеп жатты, көзүнө ал чалдыкпады, ошентип конок бөлмөгө киришти, орун алышкан соң кызды чакырышты эле аны бир жеңеси колтуктап кирди. Ошондо Мырза ага гүлүн сунду. Каада боюнча Кулубектин туугандары конокторду тейлеп чай куюп ал-ал дешип жатты, акыры Сайра кызга сөйкө салды, сөйкөнүн баасы жыйырма сегиз миң сомдук набор экен, алкасын, билеригин кошо салып Мырза экөөнү катар отургузуп ак баталарын беришти. Кулубек менен Гүлсана мырзаны көргөндөн кийин купулуна толду бейм унчукпай калышты, купуя кубанып кызынын бактылуу болушун тилеп турушту. Аларды коноктоп, сыйлашты. Акмат келинди бир айдан кийин түз эле үлпөт тоюн өткөрүп алып кетмек болгонун билдирди, аларды узатып анан өздөрүнчө бака-шака түшүп жатышты, Кулубектин бир тууган иниси, карындашы менен ага эжеси абдан кубанып турушту:

- Ай Кулубек, ушинтип сен министрге куда болуп калдың ээ? - деди мындайраак туугандарын бири,

- Насип болсо айла жок экен да.

- Ой бул киши жеп ичкенди жакшы билген алкымы чоң киши эле.

- Эмнеси болсо дагы бийликтен-бийликке умтулган киши, - дешип сүйлөшүп жатты.

- Эй койгулачы, башкысы кызыбыз бактылуу болсо болду, - деди бири.

- Ооба-ооба, Гүлхан бактылуу болсун садага.

- Айтканыңар келсин, - деп Кулубек дагы кубанып отуруп туугандарын узатты. Эки күн өткөндөн кийин Мырза келип алыстан телефон чалып Гүлханды чакырды, ал апасына айтып коюп жолугууга жөнөдү, алар учурашкан соң гүлүн сунду.

- Мен сени ушул гүлгө окшотом Гүлхан.

- Ыраспы? - Кыз жылмая бажырайды.

- Албетте, мен сени көргөн сааттан сүйдүм Гүлхан.

- Таңгалаарлык экен, сүйүп калууну ошончолук оңой дейсиңби?

- Оңой, бирок сүйөм деп айтуу өтө кыйын.

- Мунуң туура, - Ойлуу карады, - Сен сүйүүнү кандай баалайсың?

- Мен сүйүүнү адамдарга бир берилген бакыт катары көрөм.

- Мүмкүн, силер эки бир туугансыңарбы?

- Ооба.

- Жакшы экен, бирок агаң экөөң эки башкадай туюласыңар...

- Кандайча?

- Сен такыр ага окшобойсуң.

- Окшобогон бир туугандар толтура.

- Андай боло берет.

- Гүлхан, сен өзүңдү бактылуу сезесиңби?

- Кээде.

- Эмне үчүн?

- Мен соолуган гүл элем, тамырымды куурай электе суу жүргүзгөн нерсе бар.

- Ошондой деп ойлойсуңбу?

- Ошондой...

- Эмнеге өзүңдү андай деп ойлойсуң?

- Мен бир адамды сүйгөнмүн, - Гүлхан болгонун айтып берди, - Ошентип мен бүт өмүрүмдү сүйүүсүз жай турмушта жашап өтүүнү чечкенмин.

- Мелис дедиңби?

- Ооба, ал биздин бактыбызга балта чапты.

- Ал уруп кеткенде өлгөн экен, кокустук болгон турбайбы?

- Жо-ок, - Гүлхан Мелистин өзү айтканын эстеди: "Мен сени сүйдүм Гүлхан, бирок Денисти өз колум менен өлтүрөм деп ойлогон эмесмин, киши жалдаганмын, алар жетишпей калды, менин көз алдымда өлгөнү өкүнүчтүү", - деген эле, - Ал аны өлтүрмөк болгон, өлтүрдү өзү да өлдү...

- Кызык, сени Мелис дагы сүйгөн экен да.

- Ооба, бирок мен аны сүйүү деп эсептебейм.

- Туура, сүйгөн адамыңды бактысыз кылууга дилиң чыдабайт.

- Сен мурда сүйүп көрдүң беле?

- Жок, биринчи акыркысы да өзүң болосуң, - Мырза ойлуу саамга унчукпай калды, - Гүлхан, менин дагы сага айтаарым бар.

- Айта бер.

- Мына, буйруса экөөбүз турмуштун табышмактуу да, татаал дагы босогосун бирге аттаганы турабыз, жашыруун сыр ортобузда болушун каалабайм, мен бакма баламын, - деп Мырза баарын айтып берди, - Демек мен алардын алдында милдеттүүмүн, өз баласынан артык кабыл алышты, өмүрүмдүн аягына чейин бул ата-энем үчүн кызмат кылам.

- Туура ойлогонсуң, тапкан эмес баккан ата-эне дешет го.

- Акберди эрке бала эле, анын айтканы ата-энесине мыйзам болду, ал каалагандай ага бир тууган болдум, ошол күндөн тартып алар мени эч бир бөлөксүнткөн жок, эми сенден бир нерсе өтүнөм.

- Кандай өтүнүч?

- Мен сыйлаган адамдарды менден да артык сыйлашыңды каалайм, анткени алар мага бул жашоодогу эң жакшы жашоо тартуулады, иштетпей өз боорунан чыккан баладай карап окутуп адам катарына кошту, эч кимим жок эле, ата-энелүү болдум, бир тууган агалуу болдум, ал мага бир тууганындай мамиле кылат.

- Жарайт, мен ата-энени сыйлаган адамды жактырам.

- Рахмат, менин оюмдагы кыз экенсиң.

- Менин башымдан көп нерсе өттү, сен кийин ал жөнүндө козгобойсуңбу?

- Эмнеге, мен андай эмесмин, сени маңдайыма буйруп кудай кошсо сенин айтканын менен гана болом, өмүр бою сени, ата-энем менен агамды сыйлап өтсөм болот, бул өмүрдөн алаарым ушул гана болсо башка эмне керек, ата-энелүү болууну самадым, бир туугандуу болууну кааладым, сүйгөн адамыма жетүүнү самадым, мына баары орундалды, эмки тилегим бала-чакалуу болуп бактылуу өмүр сүрүү...

- Тилегиңдин орундалышына күмөн кылбайм, - Гүлхан күлүп койду.

- Рахмат.

- Эмесе мен барайын.

- Болуптур, көрүшкөнчө, - Экөө коштошушту, Мырза абдан бактылуу, ойлогон ою ишке ашып өзүн бактылуу сезип кетип жатат...

- Бакай, Бакайчик - Аруужаз уулу менен ойноп отурат, Бакайчик, карачы муну, кана-кана карачы, - деген сайын борсулдап күлүп колун сунуп улам ары тартып кайра жакындаткан оюнчукту кармаганга аракет кылып жатты, - Бакайчик, уулум кана ала гой.

- Эмне кылып жатасың, Бакай менен ойноп жатасыңбы? - деп Акберди кирди.

- Ооба, уулумдун жөндөмдүүлүгүн текшерип жатам, - Аруужаз наздана эркелей карады, Акберди келип аны кучактап калды.

- Сен менин эркемсиң Аруу, - деп бактылуусуңбу? - Кучактап аймалай баштаганда наристе аларды карап:

- Ап-па, ат-та-та-та-а! - деп колдорун серелеп жатты.

- Уялбайсыңбы.

- Кимден?

- Бакайчиктен.

- Ал бизден уялсын.

- Жинди, ошол уялганды билеби? - Аруужаз барсылдай күлүп жатты, ага болбой Акберди келинчегин кое бербей кучактап өпкүлөп экөө кыса кучакташып турганда Мырза акырын баш бакты:

- Мүмкүнбү?

- Албетте, - деп Аруужаз боюн тарта берди, - Келин бала кандай?

- Жакшы, жолугуп келдим.

- Сулуунун чуусу көп, - деп койду Мырза.

- Бул эмне деген сөзүң? - Акберди түшүнбөй кайра сурады.

- Жөн гана айтканмын го, - Мырза Бакайга алаксып көтөрүп алып сыртка чыгып кетти.

- Буга эмне болгон? - Аруужаз Акбердиге карады.

- Ким билсин, эмне болсо дагы өзү чечет да.

- Акы.

- Ийи.

- Мырзаны сен эч бөлөктөй карабайсың ээ?

- Эмнеге, мен аны атайын бир тууган кылып алганмын, ал жөнүндө башка сөз кылчы болбо Аруу.

- Жарайт, - Аруужаз саамга ойлуу туруп анан, - Атамдар өз баласындай эле кылды билсе, менин ата-энемдин колунда жоктугунанбы, мага андай кымбат набор берген эмес эле...

- Аруужаз, мен өз баласымын, баары меники каалаганымды кыла алам, Мырзанын эч кимиси жок, биз барбыз уктуңбу мени, ага эмне керек десе беребиз!

- Болду эми калчылдабай, жөн айтып койдум да, чынында аны аябай жакшы көргөнүңөр мага жакпайт, - деп чыгып кетти: "Катын жаманы кагыштырып чабыштырып бир бүтүмдү да экиге бөлөт, жакшысы бүлүнгөндү бүтөйт, ажырашканды бириктирет деген ушул да, эмнеге аялдар мындай болушат, бул Мырзанын бөлөктүгүн тактагысы келеби, көңүл бурбай койсо эмне болот", - деп ойлонуп кабак чытый отуруп калды. Булардын сөзүн бөлмөдөн чыгып бара жаткан Тоту угуп: "Кой, Мырзаны үйлөнтүп эле бөлүп ийгенибиз жакшы болоор, эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дегендей аялдары бирдеменин ичинен чыгып экөөнү уруштуруп жүрбөсүн, - деп ойлонуп Аруужаз чыкканда ылдый түшүп бара жаткан, ал анын угуп койгонун сезип уялып калды. Бирок үн дебеди.

- Кайда барасың кызым? - деди ага Тоту.

- Ашканага апа.

- Бакай уктап жатабы?

- Жок, Мырза көтөрүп жүрөт.

- Ийи, Мырза келди беле?

- Ооба келди.

- Кыз менен сүйлөшүптүрбү?

- Сүйлөшсө керек.

- Ээ мейли, ал дагы үйлөнөт, аны үй алып бөлүп коюшубуз керек, - деди сынай карап, - Өз-өзүңөрчө болгонуңар дурус ко?

- Эмнеге, аны бөлүп коесуздарбы?

- Ооба, окуусун бүттү, иштеп алса биз көз салып турабыз да.

- Апа, - деди Аруужаз шынаарлай.

- Эмне кызым?

- Ал үйдүн кенжеси го, кенжеси үйдө калышы керек да?

- Силерди бөлсө дейсиңби?

- Деги айтам да апа, бирок Акы айтканымды укса өлтүрөт, - деп ашкананы көздөй басып кетти.

- Укмушуң кургур... - Тоту анын артынан карап туруп калды: "Жез кемпир, акырын гана өз максатын ишке ашыргысы келет, мен Акмат менен кеңешип көрөйүн, кимисин бөлөбүз ал чечет", - деген ойго токтоду. Тойго камынып жатышты, ресторанга сүйлөшүп билеттерди жаздырып, тойдун толгон машакаттарын бүтүрүүдө. Гүлхан көп ойлонду, ал Мырзанын баккан бала экенин ата-энесине айткан жок, бирок ал өзүнө жагып калды, бой келбети келишкен сылык, мүнөзү жумшак жигитти ал жан дүйнөсүнө жакын сезип ар бир жолугушкан сайын ага билинбеген бир нерсе байлап тургандай болуп бара жатты. Ал келген сайын жолдун алыстыгына карабай гүл алып келгенин койбойт, анан да ар убак таттуу шоколад ала келет. Тойго үч күн калганда келип аны алып кетти, анткени чакыруу билеттерге сүрөткө түшүү керек болчу.

- Гүлхан, - деди Мырза жолдо бара жатып.

- Угуп жатам.

- Сен мага чын дилиң менен макул болдуңбу?

- Кандайын уккуң келет?

- Чындыгын.

- Эмесе жүрөгүм менен макулмун, - деди Гүлхан күлө карап.

- Чын элеби?

- Калп айткым келбейт, турмуш босогосун алгач аттаганда калп менен баштагым келбейт Мырза.

- Рахмат, чын сүйүүнүн кадырына жетебиз буйруса.

- Мен дагы ошондой ойлойм.

- Эртең кайра алып келемин, арадан күн өткөндө сен биротоло мендик болосуң, анан жашоо башталат туурабы?

- Ооба, аны экөөбүз баштайбыз.

- Атаңдарга менин бакма экенимди айттыңбы?

- Жо-ок, алар билбей койгону дурус.

- Туура кыласың, кийин эбин келтирип экөөбүз айтабыз ээ?

- Ооба.

- Мен бактылуумун Гүлхан, абдан бактылуумун! - Мырза унаасынан башын чыгарып алып кыйкырып кетип жатты, - Бакыттан башым айланып канаты жок учуп бара жаткан сыяктуумун:

- Акырын Мырза, жолду кара.

- Ооба, эч коркпо гүлүм, - Мырза ага карады, - Бакыттан эмне кылганымды билбей турам Гүлү!

- Анчалык делөөрүбө, бакытка дагы токтоолук керек, көтөрүмдүү салмактуу болуу керек Мырза, биздин бакыт али алдыда, - деп Гүлхан анын колунан кармады, - Жолго карап айда, - Ошондо Мырза унааны бийик жерге токтотуп алып Гүлханды колунан алып жерге түшүрдү:

- Гүлү, менин бактылуу болушумду эч ким каалабаса керек, жадагалса мени жарыктыкка алып келген ата-энем дагы жашашымды каалабаптыр, өлсүн деп мүшөккө салып таштап салганда ажалым жок экен таап алып балдар үйүнө таштаптыр, көрдүңбү Гүлү мен канча жыл бою аларды күттүм, келип алып кетишет, менин дагы ата-энем болот деп үмүт менен он жети жыл өткөрдүм...

- Болду Мырза, эми сен чоң адамсың да.

- Ооба, он жети жыл дегенде мага кудай ата-эне берди, көрчү эми менде баары бар, чоң окуу жайын бүттүм, алдымда машина, жанымда өзүм сүйгөн колуктум бар, бирок мен өзүмдү жарыктыкка алып келген адамдардын жүзүн көргүм келет Гүлү, кийинки кездери көп ойлончу болдум, алар кандай адамдар болду экен деген сезим мени тынчытпай келет, - Мырза ушул жолу көзүнөн жаш куюла Гүлханга карады, - Сен мени таштап кетпейсиңби Гүлү, ушул улуу тоолордун алдында, ак мөңгүлүү аска зоонун алдында айтчы, түбөлүк мени менен бирге болосуңбу?

- Ооба, түбөлүк бирге болом, жаман күн болобу, жакшы күн болобу бирге болом Мырза, капаланбачы, эки күндөн кийин турмуш босогосун аттайбыз, бирге түтүн булатабыз.

- Рахмат Гүлү, - деп Мырза кызды бекем кучактар калды, экөө ашууда күн кылкылдап батканы калганда эч нерсеге карабай кучакташып тура беришти, көптөн кийин гана, - Мен эми бактылуумун, эки ата-энем бар, - деди ый аралаш күлүп, - Бир кезде менде бирөө дагы жок эле...

- Капаланба, биз бактылуу болобуз.

- Ооба, биз бактылуу болобуз, - деп Мырза кызды колтуктай унаага алып келди, аны отургузуп ууртунан өөп рулга отуруп айдап жөнөдү, кыздын жүзү чоктой кызарып, албырып биринчи жолу жигит өпкөнгө жүрөгү лакылдап кетти, анысын билгизбей кете берди, алар шаарга киргенде айлананы күүгүм каптап калган, Мырза менен Гүлхан түнү бою шаар кыдырып жүрө беришти, аларга азыр дүйнөнү өрт каптап, суу ташкындар, же тоо урап келе жатса дагы баары бир эле. Гүлхан жаралуу кийикти аягандай Мырзага аяр мамиле кылат, аны таарынтып капа кылып албасам экен дейт. Кафеден тамактанышты, аянтка барып сүрөткө түшүштү, анан таң ата кайра жолго чыгып түш оой келип калышты. Кулубек Мырзаны сый тозуп алып чай-пай берип узатты, Мырзаны алып берген көйнөгүн көрүп туугандары чогулуп эки-үч унаа менен күтүп калышты, алар таң атпай жетип келишти, союшун союп кыз узатуу шаанисин кылып айыл апасын чакырып той өткөрүп анан бир машинага кыздын себин жүктөп жөнөп калганда Айып менен Гүлнара келип кошулушту, аны Кулубек чакырткан, күйөө балага өкүл ата коймок. Ошентип алар ал күнү Акматтын үйүндө болушту, коноктоп алдына акча коюп кийит кийгизип, септин көрүндүгүн, көшөгөнүн ырым-жырымын жасап түнү бою музыка жаңырып шаңдуу отурушту, кыргызча нике кыйылып Мырзага Айыпты өкүл ата коюшту, Гүлханга Акмат өзүнүн туугандарынын ичинен барктуусу да, малдуу алдуусу да болгон Жоомарт инисин өкүл ата койду. Эртеси жаштар үч машина менен, кыз-жигит лимузин менен загска барып, андан ары өчпөс отко барып сыйынышты, андан соң ресторанга келип мен деген кызматчылардын башын кошкон үлпөт той өтүп жатты. Акматка жагынганы да, өз марттыгын көрсөткүсү келгени дагы калың конверттерди берип куттуктап жатышты. Той бүтүп кыздын төркүндөрүн узатуу кайрадан үйдөн өттү, бул тойдо Курман менен Акылай дагы болду, Аруужаздын ата-энеси да чакырылган, алар бир аз өздөрүн төмөн сезип тартынышат, анткени Гүлхандын ата-энеси септи аябай жакшы алып келген эле. Аруужаз дагы ичинен өзүнчө жаман болуп жатты, бирок сыр билгизбей эл арасында ары бери жүгүрүп өзүнө тиешелүү кызматты кылып жүргөн. Төркүндөрү кетээрде Гүлхан коштошуп ыйлап калды:

- Гүлхан, кой ыйлаба, тынаар жериңе келди, кыздын өз эл-журтун тапканы жакшы экен, канткен менен бактылуу экенсиң, кайнатамдар өзүнүн баласынан артык кылып той берди, - деп чымчый өттү.

- Эмне Мырза өгөй балабы? - деди Гүлхан билсе да билмексен сала абысынын сынай карап.

- Өгөй кайда, анда бири өзүнүкү болбойбу, - Аруужаз күлүмсүрөп өзүн башкалардан сулуу сезине кашын керип койду, - Бул сөз ичиңде калсын, ооздон чыгып кетти. Мырза укса капа болуп жүрбөсүн, - деп жайкай колтуктап ичкери киришти. Гүлхан дароо түшүндү, анын баары бир оозу ачык, көргөнүн жаткырбаган жеңилдигин. Аруужаз мурун салмактуу да көп сүйлөбөгөн акыл-эстүү эле кыз эле, негедир барчылыкка келгени бир нерсени кызгангандай, жалаң эле Акберди экөөбүздүкү, ага кайдагы бирөө шериктеш болуп жатат деген кызгануудан ичи тарый баштаган. Мырза менен Гүлханга өз бөлмөсүн мурункудан дагы кооздоп көшөгөнү тартып анан киргизишти...

Курман ичинен өкүнүп калды: "Эгерде эртелетип Кулубектин алдына барсам ал баш тартмак эмес, ал берген жүз миң сомду мен дагы бермекмин, Мелисим тирүү калат эле, кылмышка кириптер болбойт эле, Акылай болбогондо баары ойдогудай болмок", - деп ойлонуп түнөрүп: "Болгону сенин малчыңдын кызы да, балаңдын башы адашып жатса керек, оюма койсо ошол кызды келин эмес шыпыргыч кылып албайт элем", - деген сөзүн эстеп аялын жек көрүп кетти: "Акылы кем аялга байлык артыкчылык кылат, мындай аялдарды куур тон менен гана коюп койсо ооз кесир сөз сүйлөбөй калмак", - деп ойлонуп жатты. Мырза абдан бактылуу, ал өздөрүнчө калганда Гүлханды кучактап алып оор дем алып алды:

- Менин өмүрлөшүм дагы, сырдашым дагы сенсиң, - деди.

- Менин дагы, бизди бактылуу кылган ата-энебиз Мырза.

- Тура айтасың, муну унутуу акылсыздык деп ойлоймун.

- Мен дагы, биз үчүн алар баарына даяр, үмүтүн эмгегин актообуз керек.

- Акылкарачачым, кудайым сулуулукту гана эмес акылды да берген экен сага, аман болуп маанайымды жаркылдаган жүзүң менен көңүлүмдү көтөрүп жүрсөң болду.

- Өзүң дагы аман бол, - Ошол учурда мурда эшикти какпастан кирип келип көнүп калган Акберди кирип келди, экөө тура калышты:

- Оой кечиргиле, - Акберди уялып кетти, - Такылдатып киришти эсимден чыгарыпмын.

- Эчтеке эмес ага, көнүп калгандыкы го? - деп Мырза күлө жанына барды, - Бизден кечирим сураганга акың жок, уялтпа бизди агатай, - Ийинине колун койду.

- Ошентсе да...

- Антпе ага, биз сага карыздарбыз, - деди Гүлхан, бул эмне деп жатат дегендей Акберди Мырзага каш кага көзүн өйдө көтөрдү.

- Неге Гүлхан?

- Өз бир тууганыңыздан кечирим суроого болбосун айткым келди ага.

- Аа-а, керек жерде суроого туура келет, - деп Мырзага кайрылды, - Старик, жүрү экөөбүз бакка чыгып келбейлиби, кеңешчү иштер бар.

- Жарайт, мына даярмын, - Мырза күлүп аны ээрчий чыкты, - Кандай иш?

- Иним, эми сен үйлөндүң, кичүү болгон соң сен бул үйдө калууң керек, демек атам менен апамдын жанында сен каласың.

- Ишеним артканың мен үчүн абдан чоң сыймык, атамдар эмне дешээр экен?

- Алар кеңешкени жатат, биз бөлүнүүбүз керек, ата-энебизди сен карооң керек иним, буга каршы болбоссуң?

- Жаным менен макулмун, - Мырза саамга ойлоно түштү, - Неге бөлүнөсүң, чогуу жашасак болбойт беле?

- Ээ иним, жеңең өзүбүзчө жашайбыз деп жатат.

- Атамдар ошого көнөбү анан?

- Мен көндүрөм, сен калсаң болду, аларга бирибиз маңдайында болгонубуз жетет, - деп Акберди күлүп койду.

- Мен ата-энебизди колумдан келишинче көзүмдүн карегиндей карайм.

- Рахмат, мен сага ишенем, - деп андан кийин экөө көпкө сүйлөшүштү. Акмат менен Тоту дагы кеңешип жатышты, Тоту Мырзаны бөлүп жиберели десе Акмат Акбердини бөлүш керек, - деп экөө бир пикирге келе албай эртеси чогуу отурганда Акмат аларга сөз баштады.

- Балдар, мына эр жетип үй-бүлөө күттүңөр, эми салт боюнча ата-эне балдарын бөлүүгө тийиш, кимиңер бөлүнгүңөр келет, бул жерде кимиңер каласыңар?

- Ата, - деди Акберди жалтаңдай, - Салт боюнча деп атасыз демек салт боюнча болсо улуусун бөлүү керек го дейм? - деди күлгөн болуп, - Же калп айтамбы?

- Сен эмне дейсиң Мырза? - Акмат Мырзага кайрылды.

- Аким акем туура айтат ата, мен кичүү болгондон кийин силердин колуңарда калуум керек.

- Эмесе кандай чечтик? - Акмат Тотуну карады, - Балдардын оюна кандай карайсың байбиче?

- Өздөрү кандай чечсе ошондой болсун.

- Болду анда, Акбердини бөлөбүз, эртең Аруужаз экөөңөр өзүңөргө жаккандай үй издегиле, жарнамадан карагыла, - деди Акмат.

- Жарайт ата, - деди Акберди, ошентип аларды бөлүштү, заңгыраган особняты алып берип баарын даярдап берди, Мырза менен Гүлхан ал жерде калды, бирок ашынган жумуш деле жок, баарын кызматчы даярдайт, жадагалса кирлерин дагы алар жууп Гүлхан окуусуна барып келүү менен алек, мырзаны жумушка орноштуруп койгон, архитектурада иштейт, анын болгон иши Гүлханды окуусуна эртең менен жеткирип түштө алып кетет. Тоту небересин алып калган, Акберди менен Аруужаз тез-тез келип турат. Болот баягыдан кийин кээ-кээде ооруп калганы болбосо Канымга жардам берип ирдене баштаганда кредит ала коюп банкрот болуп калышты, үйү дагы жарым жартылай бүтө элек, Каным бир күнү Аруужазды чакырып алып:

- Мен банкрот болуп калдым кызым, сен мага кредит алып бер, өзүм төлөп жаап коем, - деди.

- Апа, Акы менен кайнатамдар билип калса эмне дейм?

- Аларга билгизбей бүтүрөм.

- Кандай кылып алып берем?

- Үйүңдү коюп ала бер, мен төлөп коем дедим го?

- Ооба, сен алып берсең аны жабам дагы кайра соода кылып сеникин төлөй баштайм.

- Апа корком, ошончо акчаны эмне кылып жок кылып алдыңар?

- Той-топурага кошумча кошуп, эл катары кийинсин деп инилериңди кийинтип эле ушул болду, - Каным күнөөлүүдөй унчукту.

- Бутка турганча той топураны эмне кыласыңар, кенен ичип-жеп калгандан артканын жыйып кишидей жашаганга аракет кылсаңар боло, - деп Аруужаз апасына капа болуп кетти, ал ошол учурда дагы кош бойлуу эле, Акберди жокто үйүн залогко коюп бир жуманын ичинде текшертип анан жүз элүү миң сом кредит алып берди.

- Кам санаба кызым, өзүм билгизбей төлөп коем, - деп Каным кубанып акчаны солой салып жөнөдү, бирок ал кайра эле инисине он миңин, сиңдисине он миң кылып берип мактанып товар алып соода кылып, иштешкендери менен отурушка барып, оюн-күлкү менен болуп жүрүп дагы эки-үч айдан кийин эле төлөөгө келгенде акчанын изин таппай эптеп беш ай төлөгөн соң төлөй алай калды, анысын айта албай жүргөндө банктан Аруужазга чалды. Ал барып төлөнбөй калган кредитти Акбердиге айтпай төлөп апасын урушуп жатты:

- Мени уятка калтыра турган болдуңар, кайда кетти акча, эмне кылып жатасыз деги? - Ачуусу келе карады.

- Соода жакшы болбой артка кетип жатат, эми төлөйм кызым.

- Каным, - деди Болотбек, - Сен жанагы отуруш анан касса ойногонуңду токтот.

- Анын зыяны тиймек беле, кайра эле чогулуп келет, - деп Каным күйөөсүн жаман көрө карады, - Сен деле көрүп турбайсыңбы, соода жакшы болбой жатат го?

- Эми ай сайын төлөгөнгө чыгарсаң болот да.

- Ичпей-жебей койгула анда.

- Апа-а, карандай чай менен деле жүрдүк эле го, манты менен оромо сатып күн көрчү эмес белек, кичине артыңарды ойлосоңор боло, мен эки балам менен эмне болом, эгерде алар билсе мага баламды да карматпай өзүмдү чыгарып коет, ошол керекпи силерге? - деп Аруужаз ыйлап кетти. Ошентип кредит төлөнбөй калды, Аруужаз болсо айы күнүнө жетип төрөй турган болуп калган , Акберди ошол күнү үйдө болчу, Аруужаздын телефону жаны калбай чырылдай берди.

- Ало угуп жатам, ооба-ооба төлөйбүз, дагы бир аз күтсөңүздөр, ооба төлөп беребиз, - деп айтып Акберди кирип келе жатканда өчүрө салды.

- Ким чалды? - деди ал жай сурап.

- Аа-а апам эле келип кет дейт.

- Алып барып келейинби?

- Жо-ок өзүм эле барам, сен эс ала бер, - Аруужаз көздөрүн ала качып кийине салып сыртка чыкты, Акберди: "Апасы менен сөзү болсо керек, барса барып келсин", - деп ойлонуп жатып калды. Ал күнү кеч келди, ыйлагандай түрүн көрүп:

- Эмне болду? - деди Акберди, - Ыйлагансың го?

- Ата ооруп жатам дейт, - деп калп айтты.

- Анда врачка көрсөтөлү.

- Силерге жүк болгондон уялып жатышат, эртең өзү барып көрүнмөк болду, - деп жайгарып койду.

- Капаланба алтыным, балага зыян болот, - деп Акберди келинчегин имере тартып кучактап алды, - Көңүлүңдү чөктүрбөсөң.

- Чөктүрбөйм деле.

- Бакайчиктин инисинин ден-соолугу таза төрөлсүн жаным.

- Буйруса жакшы эле, врачтарга көрүнүп жатам.

- Атын ким коебуз Аруу?

- Атамдар коет чыгар.

- Гүлхан дагы төрөйүн деп калды, алар анын атын Манас коебуз деп алыптыр, эмитен эле, - Акберди күлүп койду.

- Анда биз Алманбет коербуз.

- Аман-эсен көз жарып алчы анан көрөбүз, - Эки жаш аймалаша жатып калды, эки күндөн кийин Аруужаз уул төрөдү, Акмат менен Тотунун кубанычында чек жок эле, жалгыз уулунун башы эки болгонго кудайга ыраазы, Акмат кийинки убактарда ден-соолугу начарлап кеткенине байланыштуу жумушунан бошонуп алып Бакайды эрмек кылып үйдө болуп калган. Аруужаз төрөгөндүн эртеси Акберди эми жумушуна жөнөмөк болуп жатканда эки жигит менен бир кыз алдынан чыкты.

- Саламатсызбы, Болотбекова Аруужаз бар бекен?

- Жок эле...

- Кайда кеткенин айта албайсызбы?

- Ал төрөтканада, мага айта бергиле.

- Кредит алган эле, төлөнбөй жатат, мыйзам боюнча үйдү бошотууңарга туура келет, - деди узун шыйрак, көзүн капкара, оозу кызыл кылып боенгон кыз.

- Эмне, кандай кредит, жаңылып жаткан жоксуңарбы?

- Болотбекова Аруужаз, 1988-жылы туулган, сиздин келинчегиңизби? - Жигит кагазын карап окуп кайра Акбердиге тике кайрылды, - Сиздин аты жөнүңүз Исманов Акберди Акматович, жаңылган жокпуз го дейм?

- Ооба, баары туура, бирок кредит алганын билбепмин, мен эртең өзүм байланышам, - деп Акберди телефонун алып калып аларды узатып Аруужазга чалды, - Аруу, сыртка чык, жаныңда эч ким жокпу, эчтеке болгон жок, ооба качан алып жүрөсүң, эмне кылдың эле акчаны, ачык айтсаң болмок, үйдү бошоткула деп келишиптир, койчу эми ыйлаба, эптеп бир айласын табаармын, - деп өчүрдү: "Эми атамдарга кантип айтамын, азыраак акча болсо бир жөн, Аруужазды урушканда ордуна келмек беле, кой машинаны сатайын, машина алты-жети миң доллар болот, демек кутулабыз, атама бир шылтоо айтам да", - деп ойлоп эртеси унаасын сатыкка коймок болду. "Тойото камрисин", базарга алып чыгып алты миң долларга сатты да дароо кредит банкка барып төлөп үйүнүн документтин алып келип үйгө коюп эми төрөтканага жөнөмөк болуп жатканда Акмат, Мырза менен Тоту болуп келип калышты, алар чогуу барып Аруужазды төрөтканадан чыгарып келишти, Болот менен Каным да келген, Аруужаз күйөөсүнөн тарткынчыктап жатты. Бакылдашып отуруп наристеге Абай деген ат коюшту. Бул ат баарына жакты, ошентип ал күнү алар кеч кетишти, Акберди эчтеке болбогондой уулун колуна алып:

- Аруу, бул сага куюп койгондой окшош болот го? - деди.

- Чын элеби, Бакай кимге окшош?

- Ал өзүмө окшош, тун балабыз да.

- Мен муну деле сага окшошот го деп ойлойм, - Үңүлө карап туруп айтты, ал оюнда качан кредит жөнүндө айтат деп коркуп турду.

- Эмнеге, сага эле түспөлдөшүп турат го, же чоңойсо Бакайга окшоп калабы?

- Эмнеси болсо да аман болсунчу.

- Туура, туулганына эмес турганына сүйүн дешет го?

- Сен дагы ошону билесиңби ээ? - Аруужаз күлө карады.

- Билем, мен кыргыздын баласымын да, - Акберди дагы күлдү.

- Акы...

- Эмне болду жаным?

- Кредит...

- Эми кредит жок, коркпой эле кой, машинаны саттым, калган акча мына, - деп калган акчаны алдына койду, - Мындан ары кеңешпей иш кылчу болбо жарайбы?

- Атамдар укса эмне дейт?

- Кам санаба, өзүм жооп берем.

- Рахмат Акы, атамдар менен ансыз да уруштум.

- Неге, аларды урушпай эле кой, эми баары жайында болот.

- Ыраазымын сага, - Аруужаз кубанычтуу күйөөсүн өөп алды.

- Эки уулумдун апасын кантип жер каратайын, сен менин бактымсың, - Экөө эзилише өбүшүп жатканда наристе чукуранып баркырап ыйлап кое берди.

- Кара, мен сенден кызганып жатканын, - Аруужаз наздана уулун колуна алды.

- Ууз жыттанасың, жаш төрөгөн аял кандай аруу да таза дагы болот экен.

- Ошондойбу? - Көзүнүн кыйыгы менен карап эркелеп уулун эмгизип жатты, жаштыктын өзү бакыт эмеспи, жаштыгың өткөн соң аралда адашып калган жандыктай өткөн жакшы күндөрдүн элеси менен жашап калат эмеспи адам баласы, азыр бул эки жаш да жеткен бактылуулардан, барчылыктын жемишинен татып, уул десе уулдуу болуп бакыт дегенди толук түшүнө билбесе дагы рахатын көрүп жаткан учур. Дегеним кээ бирөө бакыттын көлүнө чумкуп, бейиштегидей жашап жатса да бакыт эмне экенине маани беришпейт эмеспи. Абай үч ай болуп күлүшүп калганда Гүлхан кыз төрөдү, ата-энеси жетине албай көрүндүгүн көтөрүп, бирди союп алып, боорсок менен таттууну алып жетип келишти, алар менен өкүл атасы Айып, Гүлнара экөө дагы келишкен. Чогулуп наристени көрүп атын Жаңылмырза коюшту. Акмат менен Тоту кубанып өз небересиндей эле сүйүнүп дасторконун кең жайып бака-шака болуп жатышты. Эки иштен бир иш деп Айып Акматка атайын сүйлөшкөнү келген, анын кызматтан кеткенин угуп кабагы түшө калганын байкаган ал ээндетип сурап билди. Көрсө Айыпты кодулап айыл өкмөтүнөн алганы жатыптыр. Акмат эртеси эле чалчу жерге чалып дайындап койду, Айып ыраазы болуп анан кетти, Мырза абдан кубанды, ал кызды жакшы көрчү, Акмат менен Тоту андан бетер кубанып түндөсү дагы үшүтүп коесуңар, - деп өзү алып жатат, качан ыйлаганда гана бербесе өзү карайт, Бакай экиден өтүп чулдурап сүйлөп калган, экөөнү эрмек кылып бактылуу жашоонун кучагында. Бир жолу Тоту Акматка:

- Атасы, мени көптөн бери бир нерсе кыйнап жүрөт, сенден сурасам болобу? - деди.

- Ошо да кеппи байбиче, сура оюңдагыны.

- Бирге жашаганыбызга отуз жыл болуптур, мени жазгырдыңбы айтчы?

- Эмне дейсиң байбиче, мени жарга такаганыңбы же айт деген буйругуңбу? - Акмат карсылдай күлдү, - Эсимде жок...

- Үйгө түнөбөгөн күнүң көп эле болду, кызматыңа шылтоолоп жүрдүң, кийинки кездерде сенин мени жазгырганыңды ойлосом жаман болуп кетчү болдум.

- Койсоңчу байбиче, сени жазгырганым эсимде жок.

- Эми мен эс токтото элек жаш келин эмесмин, урушуп басып кетпейм, жөн гана билгим келет, жакында бир имиш уктум.

- Кандай имиш? - Акмат чоочугандай карап калды.

- Сен бир балаң менен таанышыпсың.

- Койчу байбиче, ким айтып жүрөт? - Акмат алдастай түштү, - Ким айтса да калп айтат, жөн эле айтып койгон го же сени сынагандыр? - Чекесинен тер чыга алдастап ишендирүүгө ашыкты.

- Акма-ат, менден жашырба-а, өзүң айтаар деп көрсөм айтпайсың, эми мен айтайын, - дегенде Акмат ордунан тура качты.

- Эмнени айтасың Тоту? - Жаны кашая айтты.

- Гүлчаханды менден артык сүйүпсүң, ага тардыгым жок, бирок Артыкты балдарга тааныштыр, Акы деле жалгыз, минтип эмгегибиз кайтып Мырза бизге бала болуп калды, ага-ини болуп катышсын, - деп Тоту айтканда Акмат үн дей албай көпкө туруп калды, Тоту да унчукпады, көптөн кийин:

- Байбиче, мени кечир, бирок сенден артык сүйгөн эмесмин, бир жаңылып калганда боюнда болуп калыптыр, балага кам көрүп, өз атыма жаздырып карап келгеним чын, - деди үңкүйө.

- Менимче ал бала он алтыда болсо керек?

- Ооба, эмдиги жылы он биринчи классты бүтөт.

- Ушундайда балдарга айтып тааныштыр.

- Кантип, Акы менден терс бурулуп кетет го?

- Аны мага кой, кааласаң Гүлчаханды бирге чакыр.

- Кой болбойт.

- Болот атасы, баары бир болгон ишти жашыра албайсың, башкадан укканча өзүңдөн укканы жакшы эмеспи, - деди Тоту.

- Кечир байбиче, сенин жакшы аял экениңди билип туруп азгырылдым.

- Эчтеке эмес, сендей адамга бул жарашат, жаман жашаган жокпуз...

- Сенин акылдуулугу менен Акынын тежиктиги мени бир окуядан сактап калды, болбогондо азыр түрмөдө болот белем? - деди анан Акмат, - Пара алганымды Акы жаман көрчү эмес беле, ошол күнү мени атайын сынап бирөөнү жөнөтүшүптүр, милиция менен журналисттерди атайын бөлмөгө коюп күтүп калышкан экен, ал мага кызмат керек деп жан-алы калбай сунуштап жатты, оюма Акынын: "Арам акчасыз өз эмгегим менен оокат кыламын", - дегени келип үнү кулагыма угулуп ага: "Кой иним, мен сенден эчтеке албайм, ушул отурушта кылган жакшы иштериңди айтып ошол өзүң каалаган орунга сунуштап көрөйүн", убара болбо", - деп болбой койдум. Ошондо бир кудай сактаган. Мен акылдуу аялым, ак жүрөк баламдын арты менен жумуштан таза чыктым, болбосо ким билет, - деп ойлуу отуруп калды.

- Мырзам дагы жакшы адам болду атасы, бизге кандай сый урмат кылып турат, Гүлхан андан бетер жакшы келин болду, кыскасы жашоомо нааразы эмесмин, сенин ачык айтпаганың гана жүрөгүмдү оорутту.

- Кечир байбиче, - Акмат чукуранып калган наристеге карады, - Жаман кыздын карды ачтыбы же алды суу болдубу байбиче?

- Памперси бар, бала керилип чоюлуп кыймылдабаса болобу? - Тоту эңкейип наристени жыттап койду, - Ууз жыттанган жаңы кыз десе.

- Байбиче, Акы менен Мырзага энчилерин бөлүп коелубу?

- Шашылба атасы, алар азыр жаш, ой келди жумшап ийбесин.

- Туура, бирок акчаны банктан албай эле коелу, мен пенсияга чыксам кереги тиет.

- Ооба, пенсияга жакшы эле чыгаарсың?

- Дурус эле болот, бер жагы он миңдей болот го, - дешип сүйлөшүп отурушту, Акмат Артыктын алып келем же алып келбейм деп айтпады, Тоту дагы жаңыртпады, айттым өзү чечсин деген ойдо тим болду. Гүлчахан анын секретаршасы болчу, кийин экөө махабаты жалындап күйүп көпкө чейин жүрүшкөн эле, чынында Акмат аны сүйгөн, бирок бир жолку кылыгынан кийин аны жаман көрүп жумуштан да кетирип жиберген. Бир жолу Акмат окууга бир кызды өткөрүп анын атасынан он миң сом алган, жаңыдан акчалар алмашкан жыл, костюмун чечип коюп ажатканага барып кайра кирип келе жатса кийим илгичтин жанынан жүгүрүп келип ордуна отура калды.

- Эмне телефон чалдыбы? - десе мукактана.

- Ооба, бирок жооп берген жок, - деп жер карады, Акмат эч нерседен кабатыр болбой кийинип алып кабинеттен чыгып бара жатып төш чөнтөгүн караса акча жок.

- Гүчахан, акча кана? - деди Акмат өктөм.

- Мен... мен жөн эле тамашалайын дегем...

- Келе! - деп колунан жулуп алды да, - Арызыңды жазда кет! - деди.

- Неге, кайда барам?

- Кайда барсаң бар, бүгүндөн ары көрбөйүн! - деп кетип калды, эртеси келсе арызы үстөл үстүндө турат, арадан эки-үч ай өткөндө боюнда бар экенин, арызданаарын айтты телефондон. Кызматынан ыргыгандан коркуп ага сураган акчасын берип азыркыга чейин карап келе жатат. Бала үчүн үй да алып берген үч бөлмөлүү, окуусуна жардам берип кичинесинен өзүн таанып өстү Артык. Акмат көп ойлонду, бирок Акбердиден айбыгат, мүнөзү оор неме карабай кетет деп коркот, Тоту Акбердикине кеткенде Акмат уулуна чалып сүйлөштү, Гүлчаханга айтты эле ал каршы болду, анан эмне кылаарын билбей отуруп калды.

- Ата, эмне болду? - деп Мырза басып келди жанына.

- Эчтеке балам, эмне үйдөсүңбү?

- Ооба, барган жокмун, ооруп турам.

- Кай жериң ооруйт?

- Бүткөн боюм салмактанат, барбай калдым жумушка.

- Мейли, жумуш курусун, өзүңдү кара уулум.

- Карап турсам ойго батып отурасыз, - Мырза күлө карады, - Кабинетиңизди сагынгансыз го дейм?

- Ээ балам - Акмат оор күрсүнө Мырзаны далыга таптады, - Жаш кезде оңду солду камчыланып кылган ишиңдин кандай экенине маани бербей жүрө бересиң, анан минтип арыган аттай чидеренип калган кезде ошонун жообун сурачуга жооп таба албай калганың жаман экен, - деп Акмат Мырзага болгонун айтып берди, - Эми мен Акыга айта албай турам, апасы айт деп жатат.

- Ата, Акыга өзүм айтам, - деди Мырза күлүп, - Аны мага коюңуз.

- Ал мага таарынып карабай кетсечи?

- Акы андай эмес, ал боорукер ата, ал сизди карабай басып кетпейт.

- Эмнеси болсо дагы этияттап айт ээ?

- Жарайт ата, мен түшүндүрүп айтам.

- Айла-анайын десе, сага ыраазымын уулум, - Экөө көпкө сүйлөшүштү, аларды терезеден карап турган Гүлхан: "Булар эмнени сүйлөшүп жатты экен, Мырзаны өз баласындай караган адамдарга рахмат, кандай жакшы адамдар эле, мындайлар көп болбосо керек", - деп ойлонуп кызын өөп коюп бөлмөсүнөн чыкты:

- Рая эже, сүт ысытып бериңизчи.

- Жарайт, азыр даярдай коем, - деп элүүлөрдөн өткөн аял шыпылдай ашканага кирип бат эле чыкты, - Тойгузбай жатасыңбы кызым?

- Тойбой жатат окшойт.

- Аман болсун, - деп Рая ары басып кетти, Гүлхан кызына сүт берип жатканда Тоту келип калды.

- Окшошкон арамдар десе, кызың экөөңөр эмнеге чыктыңар? - деп күлө карады, - Бул жер балага сууктук кылат, киргиле бөлмөңөргө.

- Мен, мен өөп алайынчы, - деп Бакай ороодогу наристеге жармашты.

- Кана, өбө гой Бакайчик, - Гүлхан ага ылдый кылып тырышып-бырышып чукуранган наристенин бетин тосту.

- Ии-ий, бул эмне?

- Аллай да.

- Кайачы, ыйлаганы атат.

- Ыйлабайт, сени өпсүн деп жатат, өбөм дедиң го? - Гүлхан күлүп калды.

- Өппөйм эк, тыйышын атат, - Бакай торсоңдоп жүгүрүп ашканага кирди, - Чуу-чуу бейчи.

- Мынакей, - Рая ага суу ичирип эркелетип калды.

- Апа, Аруужаздар жатышабы?

- Жатышат садага, Абай тоголонуп калыптыр, тим эле сүйкүмдүү балакетиңди алайын, - Тоту кубанычын жашыра албай божурап жатты, - Аман болсоңор эле болду, өзүңөр менен өзүңөр көбөйө бергиле балам, - деп ары кеткенде Гүлхан: "Не деген тегиз адамдар эле, ушундай адамдардын тукуму аз болот деген чын экен го, тегиздиги деңиздей кенен айкөлдүгү башкача жан, Аруужаздын ичинде арамдык ойноп турат экен, ошол эле Акбердини бузбаса", - деп ойлонуп отура берди. Кулубек эки жеңеси менен агасынын кызы Бейшегүлдү Гүлсанага кошуп бешик берип жиберди, бешик менен бирге жайкы коляска дагы алып келди, эки жеңеси Айжан менен Тумаркан алгач келиши болгондуктан аябай суктанып эки жагын карап тамшанып жатканда Гүлхан:

- Бирдеме көрдүңөр беле, кишини уят кылбай жөн отурсаңар, - деди акырын.

- Аа-ай Гүлү, акең жакшы болсо көрөт элек да, кардыбыз зорго тоюп жашап жатсак таң калабыз да, - деди Айжан дагы акырын.

- Бактыңды кудай кут кылсын Гүлү, бакыт деп ушуну айт, - деп Тумар тамшанып койду. Аруужаз дагы уулун көтөрүп келген, ал анын ата-энеси келгенде аябай чычалаган адат таап алган, анткени анын ата-энеси бардар болуп Гүлханча эл катары кылып келет, өзүнүкү себин эптеп бергени эсинде эмеспи, ошондо дагы туугандарын чакырып жатып зорго даярдаганын кантип билбесин. Кээ адамдар өзүнүн жетпеген жашоосуна ошол бардар адам же дагы башка бирөө күнөөлүүдөн бетер турмуштун ачуулугун көтөрө албай өч алгысы келет, бирок ал жаңылганын кеч түшүнүп өкүнгөндө пайда жок да. Гүлхан анын сырын билип калган, ал келгенде атайлап төркүндөрүн өнтөлөп, кайра-кайра чайды ысыктап куйдуруп. Тамакты түрлөп алдына койдуруп калат. Өзү төркүндөрү менен отуруп кызматчы алып келип жатканын көрүп билип ичи күйөт, ал азыр өзү тамак-аш жасап, бир жагынан баласы ыйлап түйшүктүн үстүндө, Акбердиге кызматчы алалы деп айтайын дейт, унаасын саттыргандан кийин сүйлөй албай калган. Оңой унаа болсо экен, аны Акмат азыр биле элек, билсе эмне дейт деп Аруужаз өзү коркуп жүргөн, ал азыр Гүлхандын жанына отуруп кудагыйларга "алыңыздар, ичиңиздер", - деп Тотунун көңүлүн алууга аракет кылып отурду. Анан калса Тотунун дагы аларга өтө эле ызаат кылганы ичин өрттөйт, бирок айласы жок, Гүлсананын небереси менен кызына жалынып жалбарганы, бешикти абдан кооздоп кышкы-жайкы жабууларын адеми маталардан жасап келгени ага катуу тиет. Анын Бакайына Каным арзан маталардан эптеп жасап келгенине уялып турат, аны соороткон: "Баары бир биз өз баласыбыз, муну ким тоготмок эле, Мырзаны атамдарга каршы коюп жаман көрсөтүү керек", - деген ойдо эле. Акмат менен Тоту Гүлсаналарга жакшылап сый көрсөтүп, кийимдин кымбатын кийгизип абдан сыйлап узатты. Алар кете электе эле туугандарын чакырып койгон, келип калышты, Гүлханга жаркылдай карап алар дагы ызаат менен мактап кирди:

- Гүлү, кудалар абдан билгиликтүү экен, апаң жакшы аял тура, - деп кешик ооз тийип отуруп Акматтын инисинин аялы Айсалкын шакылдай карады, - Карачы бешикти кандай кооз жасаганын, себиң дагы хандын кызындай эле болду.

- Бергенге жараша болот да, - деди Аруужаз ичи тарый.

- Ой кокуй десе, кээ бирөөлөр миллиондоп берсе дагы арзан маталардан эптеп-септеп эле алып келип коет, - дегенде өзүнө тийгендей болду.

- Жеңе, меникин айтып жатасызбы, атамдар мага жүз миңдеп калың берген эмес, - деди Аруужаз териге, - Мырзага өз баласынан артык кылды го?

- Аруужаз! - деди сырттан келе жаткан Тоту, - Бас бери келчи! - дегенде Аруужаз кызарып кетти да туруп кайненесине жөнөдү, ал аны бөлмөгө киргизип алып, - Балам ал эмне деп сүйлөгөнүң, өз бар өзгө бар дегендей Мырзанын бөлөк экенин сен тастыктагың келдиби? - деди ачуулу карап, - Келген коноктордун көзүнчө ар кайсыны айтпай жүр, ал эмес башка жерде дагы аларды оозуңа алчу болбо, атаң укса капа болот уктуңбу?

- Макул апа, мени кечириңиз...

- Жакшы болсоң ал силерге канат бутак, Акымдын акылдашаар досу да, кыйынчылык менен жакшылыкта тиреги болот, экинчи Мырза жөнүндө сөз болбосун, - деди да чыгып кетти: "Кыз экенинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат дегендей кыз экенинде чоюлган неме эле, карасаң эми биздин ички сырыбызды чыгарып дос-душмандын көзүнчө пастыгын көрсөтүп отурганын", - деп жинденип жатып анан көптө барып абысындарына кирип отурду.

- Жеңе, эки келин алып канатың жайылды, акем экөөңөр эми айылдап гана жүрө турган курагыңар, - деди Айсалкын.

- Ооба десең, биз абысындар отурушун уюштуруп касса ойноп жатабыз. Жеңе, кошулбайсыздарбы бизге, - деди Гүлай дагы Айсалкынды сүрөй.

- Макул-макул, силерден кантип чыгайын, - Тоту күлүп калды.

- Ошентсеңиз, мурун дагы чоңдун аялы болуп бизди тоготпой жүрдүңүз, - деди Гүлай ого бетер ачыла, - Бир мактанып калалы, министр акемдер келет деп күтүп калабыз да.

- Гүлай, биз деле адамбыз да, болгону кызмат деген кызмат экен, колу бошобой айылга дагы аз барып калдык, эми эс алууга чыкты, чакырсаңар да чакырбасаңар да тез-тез барып турабыз.

- Жеңе, анда эми жаңы эле отурушту сиздерден баштайлы, улуу эмессиздерби, кассаны беш миңден ойномок болдук, - деди өз абысыны Айсалкын он беш болдук, сиз кандай дейсиз жеңе?

- Башкалар макул десе каршылыгым жок.

- Ким каршы болмок эле, баштадык анда, - деди Гүлай, - Кайсы күндү айтсаңыз биз келип калабыз, - деди Гүлай.

- Мен акеңе кеңешип анан телефон чалып коем, - деди Тоту, ал күнү кечке кешик менен бирге көңүл көтөрчү ак молдодон аз-аздап ичип отуруп анан кеч кетишти, Аруужаз баласын шылтоо кылып кетип калган, аны тим койду: "Ушул каапыр бир чагым кылып эки баланы эки жакка каратпагандай эле, бир туугандарды эки бөлгөн аял эмеспи, мунун шойкуму жаман, уулумдун жанагы эки неберемдин көңүлү да, болбосо кетирип жиберет элем, ырысына чычкан жарыбагыр", - деп жини келип жатты. Акберди кечке маал келип бешикте быйпыйып уктап жаткан наристени эңкейип өөп:

- Кут болсун кызым ак үйүң, - деди жылмая.

- Рахмат аке, - деди Гүлхан.

- Аруужаз кетти беле? - деди анан.

- Ооба, эрте эле кеткен.

- Отур балам, тамак ич биз менен Мырза менен атаң дагы келип калаар, - деди Тоту, - Кудагыйлардын алып келгенинен ооз тий.

- Макул апа, - деп отуруп калды, - Жаңылмырза деген сулуу бешикке жыргап калган го апа.

- Кудай кут кылсын балам, экөөңөрдүн балдарыңар атаң экөөбүзгө бакыт тартуулап жашартып койду садагам, аман болсоңор болду.

- Атамдар кайда кетти эле?

- Бирөө конокко чакырган экен келип калышат.

- Аа-а сиз бошобой калдыңыз да.

- Ооба, үйдө конок турса конокко кетмек белем уулум.

- Апа, - деп Гүлхан бөлмөсүнөн чыга келди, - Памперс алып келип алайынчы.

- Бара гой кызым, бара бер, - дегенде Гүлхан чыгып кетти, - Акы, Аруужаздын кээ бир сөздөрү мени капа кылды, урушпай түшүндүрүп кой, Мырзаны сага, ага сени кайрап жүрбөсүн, биз аны сага өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк болсун деп бала кылып, чын дилибизден мээримибизди төгүп барыбызды чачып отурабыз, ошого түшүнгөндөй болсун, - деди Тоту ал чыгып кетээри менен.

- Ал бирдеме дедиби?

- Ачууланба балам, акырын айтып түшүндүр, саал күнүлүк кылып жатат окшойт, сен анын сөзүнө кирбе, аял киши ич күйдүлүк кыла берет, Гүлханга атаандашчудай көрүнөт, - деди акырын, - Байка жаман сөзгө өтпө.

- Мен аны ал жөнүндө ооз ачпа дебедим беле? - деп ачуусу менен айтып алды, - Анын ою жаман экенин сезгенмин.

- Ботом сага дагы бирдеме деди беле?

- Ооба, бирдемени кылтыйткан, - деп Акберди ачык айтпай түнөрүп калды, Акмат менен мырза ээрчишип киргенде гана кабагы ачыла жаркылдай учурашты.

- Иштер кандай Макс, - деди ал кээде айта койчу адатынча.

- Баары жакшы, өзүң кандай, Акай чоңоюп калдыбы?

- Ой ал чоңоюп жатат, бүгүн Жаңылмырзанын ак үйүн көрдүм, созулуп уктап жатат го, балдардын дал ушул бейкапар дүйнөсү мени кызыктырат да суктандырат, кандай бактылуу жандар ээ?

- Ананчы уулум, балалык кез адамдын эң бактылуу да, ары таза да кези болот экен, эми балдарыңарга татыктуу ата болуу моюнуңардагы чоң милдет, - деди Акмат.

- Кудай буйруса ал милдетти аткарабыз ээ Макс? - деди Акберди күлө карап.

- Ал парз да, - деди Мырза, андан кийин тамактанып отурушту, Гүлхан аларды карап отуруп абдан ыраазы болот. Ал окуусун уланта берди, кызы абдан жоош, Тоту аны өзү алып калат, Гүлхан өткөн өмүрүнө кайрылгысы келбейт, азыр өзүн абдан бактылуу деп сезет, Мырзаны сүйбөгөнү менен сыйлайт, анын жетимдигин аяйт, ошол жылы Гүлхан менен Мырза айылга барып жүрүп келмек болуп кетишти. Мырза отпускага чыккан эле, Кулубек менен Гүлсана берээрге эчтекесин таппай коюп союп күндө чүйгүндөп оокатын жасап түрлөп салат менен жер жемиштерди алып келип берет. Темир бойго жетип калган, Эмир он биринчи класста окуйт, Дамир болсо Жаңылмырзаны ойнотуп көтөрүп оңуп калды, Кулубек күйөө баласын ээрчитип тоо башына чыгып, мал көздөп жүрүп өзүнүн акыл-насаатын айтат, Мырза ага терең баа берип уккан сайын уккусу келип турчу болду, ан сайын андан рахат алат, ата-энем жок деген сезимден кутулган, Гүлхандын ата-энесин өзүнүн ата-энесиндей көрүп сыйлап турат. Бир ай ал үчүн бат эле өтүп кеткендей болду, Кулубек аларга бирди союп, боорсок жасап салып берип узатты, кеткенден кийин оңкулдап калышты.

- Жаңыл кызга көнө түшүптүрмүн, оңкулдап калдым, - деди Кулубек ойлуу.

- Кыз бирөөнүн бүлөөсү деген ырас тура, эмнеси болсо дагы аман болуп бактылуу болсунчу, кабагына кир жолобосо болду, - деди Гүлсана.

- Туура байбиче, - Кулубек башын ийкеди, - Темишти үйлөнтүп неберелүү болбосок болбойт, ал өзүбүздүкү да, - деди күлүп.

- Темишиң окуйм деп жатат го?

- Окуса окусун, бизге баласын берип коюп экөө кете берсин, - деди Кулубек, ал Жаңылмырзаны алып кеткенине ичи ачыша тез эле неберелүү болгусу келип турду, аны сезген Гүлсана күлүп калды:

- Шашпа, кудай аман койсо ал дагы болот.

- Ырас, аманчылык болсунчу, балдарыбыз эми көзгө көрүнүп калбадыбы ээ кемпир? - деди жылмая күлүп, - Азыр кудайга шүгүрбүз, балдарымдын эл катары кийинип ичип, колдорунда өз-өзүнчө телефону бар, бир кезде абдан кыйналдык эле, чыдап жеңип бара жатабыз, бу да болсо кудайдын колдоосу да.

- Шүгүр дейлик, ушул күнүбүзгө тобо кылалык Куке, минтип министр болуп эл бийлеп жүргөн адам менен табакташ, насиптеш болуп отурабыз, - деп Гүлсана кыялдана ойлонуп калды. Гүлхан ага Мырзага айтып алтын алка менен сөйкө, шакек Кулубекке кымбат баалуу чөнтөк саат ала келип берген эле, аны көргөн айылдагы теңтуштары, абысындары суктанып калганын байкаган. Ого бетер көрсөтмөккө айылчылап Гүлхандар кеткенче курбу-курдаштарына барып бугун чыгарып алды. Аңгыча Темирди аскерге чакырып калды, аны Кулубек жибербей коймок болгондо:

- Ата, ар бир эркек мекенин коргоо үчүн даяр болушу керек да, баарыбыз эле качып барбай койсок, кийин бир нерсе болсо мылтык кармай албай туруп беребиз, мен барам аскерге, - деди.

- Балам, азыр илгеркидей эмес дейт, биз коркобуз да, - деди Гүлсана ыйлактап.

- Коркпой эле койгула, бир жыл бат эле өтүп кетет.

- Мейли уулум, - деди Кулубек, - Менин уулум чыныгы жоокер болот экен апасы, барса барсын, ак батабызды берели, - дегенде ыйлактаганын токтотуп күйөөсүн карады.

- Азыр аскерге баргандарды угуп-көрүп жатабыз го, кантип жиберебиз?

- Кудай колдосун.

- Кудай колдосун деп баланы отко жиберебизби?

- Коркпоңуз апа, Гүлү эжем барып турат, - деди Темир.

- Кудай ай, алып калсак болбойт беле, - деген Гүлсана унчукпай калды, ошентип аны узатып кала беришти, бою узун болгондуктан аны улуттук гвардияга алды, Темир адеп барганда абдан кыйналды, анан бир айдан кийин ант беришти, ошондо Гүлхан барып үйүнө жооп сурап бир күнгө алып келди да эртеси жеткирип келди. Ошондон баштап Темирге жума сайын барып жолугуп турат, бирөөнүн телефону менен чалат да бирдик жүктөөнү сурайт ал, Гүлхан анын айткандарын бүт аткарып жүрдү, бир күнү күүгүмдө качып келди, эмнеге качканын сураса такыр айтпады, аны түшүнгөн Мырза эртеси өзү ээрчитип барып сүрүштүрдү эле старшинасы аны уруп коюптур. Аны билген соң ал арызданмак болду эле ротанын командири эч кимге айтпасын суранып аны өзү жазалаарын айтты. Темирди күндөп-түндөп сурап командиринен билип турушту, ошентип Темир алты айдан кийин көнүп калды, бир жылдын өтүшү өтө кыйын болуп акыры аскердик мөөнөтү дагы бүтүп үйүнө келди, Кулубек менен Гүлсана кубанып аны ээрчитип келген кыз күйөөсүнө сүйүнчү берип кой-эчкисин союп эл чакырып бата алышты, көп өтпөй эле айылдан өздөрүнө жаккан кызды алып беришти, той берип элдин алдында көрүнүү үчүн өз айлындагы чоң кафеде үлпөт тоюн өткөрүштү. Алина жоош момун жакшы кыз эле, кайната-кайненесин сыйлап турат, жыл айлана алар балалуу болушту, Кулубектин кубанганын айтпа, кудасы Айтбек экөө бөтөлкөнү алдыга коюп алып оңуп калышты, Гүлсана келини менен алек, Салима дагы небересин көрүп абысындары болуп келишкен, бака-шака болуп жатышты.

- Куда, - деди Кулубек сөөмөйүн чычайта, - Менин жалгыз кызым бар, эми Алина дагы менин кызым, эң биринчи небере жыттаткан келиниме мен бир белек камдап койгонмун, - деп Гүлсанага карады, - Гүлсана, алып келчи Алинага деген белекти.

- Азыр, - Гүлсана күлүп калды, - Бул эбак эле алып келип койгон, неберемди көргөндө өзүм берем деп, - Туруп барып алтын чынжырчаны алып келди, - Мына, өз колуң менен бер эми.

- Бере-ем, - Кулубек бир аз кызый түшкөн, туруп барып баласын алып отурган келинине сунду, - Ала гой балам, бул сенин балама уул, мага небере тартуулаганың үчүн.

- Рахмат ата, - деп Алина тартына алды.

- Тагынып ал балам, - деди Гүлсана.

- Келгиле эмесе, небереңер үчүн, биздин жээнибиз үйүн алып коелу, - деди Айтбек.

- Алалы, менин эң тун неберем, - деди Кулубек, - Силерге дагы ыраазыбыз кудаа-кудагый, бизге ушундай кызды тарбиялап өстүрүп бүлөө кылып бердиңер, - Баары алып жиберишти, алар антип отурушканда Темир мал көздөп жүрдү, ал ата-энесинин кубанычын туура кабыл алып тим койду. Ошол күнү алардыкына Курман келди, бул жолу ал улуу баласын ала келген, өзү Мелистен кийин бир топ картая түшүптүр, чачтары купкуу болуп арыктап да кеткени көрүнүп турат. Кулубектин неберелүү болгонун көрүп бакылдаган адатын карматып миң сом көрүндүк берди, Эрниске малын тапшырганы келген экен, баары менен тааныштырып анан бир жылдан бери жакшы каттабай айлык акысын бере электигин эске алып бир жылкыны берди.

Эсептешип анан кетип жатып:

- Куке, небереңе бергеним болсун, бир тайды жылкыңа кошуп бөлүп ал, - деди.

- Рахмат байке, ыраазымын сизге, эт бышып калды, ооз тийип кетсеңер болот эле, - деди Кулубек, - Жээнтек тойдун асты эле...

- Кийин жейбиз, биз шашып жаттык эле, - деп болбой кете берди, алар шашып кетип бара жатып аварияга учурап Эрнис ошол эле жерден жан берип Курман эс учун билбей ооруканага түшүптүр: "Ак койдун этин таштаба, бышып жаткан тамактан ооз тийип чык", - деген кыргыздын сөздөрүнө ушул жерден дагы бир ишенсек болоор, балким бышып жаткан койдун этин жеп даам сызып чыкканда андай болбойт беле? Ошол бойдон Курман Эрнистин өлгөнүн дагы билбей комада жатып калды, Акылай менен Эмлис, Гүлхазы ыйлап-сыктап аны жерге беришти, эми бул үйдүн жүгү Эмлиске жүктөлдү, Кулубектер батага келип кетти, башынан катуу тийген Курман эчтеке билбей өлүү менен тирүүнүн ортосунда жатканда ал оо дүйнөнү көрдү. Мелисти көрдү, ал бир чел кабыктай нерсенин ичинде туруптур: "Балам, бул жерде эмне кылып турасың", - десе: "Ата, менин күнөөм үчүн жети жылга ушул камакка камап койду", - дейт ал. Аңгыча анын жанына Эрнис барып калат, Курман эки баласына жетүү үчүн колдорун сунса ортону бөлүп турган айнек сындуу нерсе турат, бирок жумшак, түртсө чоюлуп кленка сыяктуу жумшак, бирок тешилбейт, канчалык аракет кылса дагы өтө албады: "Сен эмнеге аякта турасың", - деп Эрнистен сураса: "Ата, мен дагы Мелисти көрөйүн деп келгенмин, бирок ал бул дүйнөнүн жазасын тартып жатыптыр, менин ордум тигинде", - деп колун созо көрсөткөн жакты караса аппак кийинген адамдар жүрөт, бирок абдан жарык, күндү издеди Курман: "Күн кайдан тийип жатат", - десе Эрнис: "Бул бейиштин жайы ата, мен төрүнө өтө албай турам, анткени менин дагы күнөөлөрүм тазалана элек, ушул босогосуна келгеним да жакшы болду", - дейт: "Мен дагы сени менен барайын балам", - дегенде кайдан жайдан бир добуш чыгып: "Сен тирүү тозоктон чыкмайынча келбейсиң, бияктын жазасы өзүнчө", - деген дабыш угулуп барып дирт эте түштү. Жанында карап отурган Акылай кубанып кетти:

- Сестра, сестра ал эсине келди окшойт!

- Кана, мындай туруңуз, - Сестра пульсун текшерип көрүп жатканда Курман:

- Мели-ис, Эрни-ис кайда кеттиңер? - деди үнү угулаар угулмаксан болуп.

- Курман, мен жаныңдамын, көзүңдү ашчы, - Акыла эңиле калды, - Эмлис менен Жазы дагы бул жерде.

- Мелис кайда кетти, эми эле ушул жерде эмес беле, ал Эрнис менен бир жакка кетти окшойт, - дегенде кызы менен уулу ыйлап карап турушту.

- Курман, сен өзүңдү кармачы, көзүңдү ачып бизди карачы бай болгур. - Акылай ыйлап анын бети-башын сылады, - Сенин амандыгыңды тилеп биз турабыз го?

- Көп сүйлөтпөңүздөр, мындайлар комада жаткан адамдарда кездеше бере, бу киши азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда, тынч болуңуздар, - деди врач көрүп, - бул көнүмүш көрүнүш боло берет.

- Деги өзүнө келеби? - деди ыйлаган Гүлжазы.

- Күтүңүздөр, биз эчтеке деп айта албайбыз.

- Деги үмүт барбы? - деди Эмлис.

- Сыйынгыла, күткүлө, - врач чыгып кетти, Курман ошондон кийин аздап өзүнө келе баштады, арадан бир ай өтүп кеткен эле, туугандары келип-кетип абалын сурап турушат, Эрнистин аялы үч баласы менен кайнатасынын үйүндө, улуусу онунчу класста окуйт, эң кичүүсү окуй элек, ортончусу кыз, сегизде окуп чоңоюп калган, Эмлис эрте үйлөнгөнгө улуусу окуп калган, анын дагы үч баласы бар. Баш көз болууга ал дагы агасы өлгөндөн кийин көчүп келген, аялы тикилдеген тилдүү неме, ал мурун эле: "Сен ата-энеңден энчи албайсыңбы, үч бала турат, сенин чеке жарытпаган кызматыңдын акысы ушуларды бакканга жетеби", - деп жүргөн. Эми ого бетер абысынынын балдарынан кызганып кетчү болду, бирок агасы өлүп кайгырып жүргөн күйөөсүнөн айбыгып оюн айтпай ичинен кыжаалат. Ошентип ич арадан бир жарака кете берди, Курман сүйлөгөнү менен буту кыймылга келбей үч айдан соң үйүнө чыгып келди. Эрнистин өлгөнүн билип отурган жеринде өкүрүп өксөп ыйлап жатты, мурда бирге иштешкендери, көңүлү жакын адамдар анын акыбалын сурап, куран окутуп кетип жатышты. Курмандын ооруканадан чыкканын угуп Кулубектер дагы көрүп келишти, ошондо ал ага ыраазылыгын айтып отурду, анан сойгон жылкыларын эсептешип кийиз китебин Эмлиске берди.

- Эми агаң менен өзүң эсептеш балам, мага эми эчтекенин кереги жок, Кулубекти эч качан нааразы кылба, ак эмгегиң менен оокатыңды кыл.

- Ата, мага мал-сал эмес сиз керексиз.

- Мен картайдым уулум, дүнүйөнү баккан ата-энем үчүн эмес силер үчүн жыйдым, эми сен жашсың, балдарың турат, Мелистен тукум калбады, Эрнистин балдарына, карындашыңа бөлүп бер дагы өз билгениңди кыл, - деди Курман, - Аттиң, күркүрөп кызматта турганымда дагы ата-энемден кабар алган эмесмин, ата-энем үчүн эч нерсе кыла албадым, өлгөндө бардым, алар мага абдан нааразы болушкан экен...

- Ата, өзүңдү кыйнабаңызчы, ошол малды бүт сатсам дагы сизди дарылатам, - деп Эмлис ыйлап жиберди, - Мага байлыктын кереги жок, апам экөөңөрдүн гана амандыгыңар керек.

- Садага кетейин, атаң оорусунун айынан айтып койду да, - деп Акылай ичинен өкүнүп турганын сездирбеди, анткени ал Курманды ата-энесине жибербей, өзү дагы барбай, ал тургай неберелерин көргүсү келген карыларды жийиркене карап жаман көрүп жолотчу эмес. Курмандын өзүн күнөөлөп жатканы ага ок болуп тийди, чиркин жаш кезде сезсечи ушуну, күйөөсүнүн тапканын төркүндөрүнө мактаныч менен ташып, ага-инилерин кызматка тургузуп өз өкүмүн жүргүздү. Курман анын тилинен бир дагы чыкчу эмес, эки бир тууганы келсе босогодон кетирчү, кийин атасы өлгөндө эң кичүү иниси Ормон:

- Байке, ушул атамдын өлгөнүнө кантип келип кантип ыйлап жатасыз, аларды тирүүсүндө сыйлай албадыңыз, алар үчүн сиз жок элеңиз, бирок өлөөр өлгөнчө сизди ойлоп жүрүп көздөрү өттү, - деп терс бурулуп кеткен.

- Ормон! - деген бойдон умтулуп кала берген, анан атасын койгончо кара жер араң көтөрүп чыдаган, келгенден кийин Акылайды өлөөрчө сабап үйдөн чыгып да кеткен, ошондо эки жыл бою башка бирөө менен жашап анан кайра келди, андан кийин эч үндөбөдү, жашоолору ойдогудай болуп калган. Ормон менен Жуман көп жылдап катышпай жүрүшүп эми гана каттап калышты, тээ илгерки өзүнүн кемчилигин ушул бүгүн айтканы менен Акылайдын кемчилиги экенин айткан жок, чынында аны эмес өзүн күнөөлөп жүргөн, алпештеп багып адам болуусуна түрткү берген ата-энесине бир аялдын кеп-сөзү менен каттабай койгону, түгөнгүс байлыгы дал ошолор экенин, алардын ак сүтүн актоону оюна албаганын эми түшүнүп отурат. Акылай өзүн күнөөлүүдөй сезип үндөбөй отура берди. Эмлис чындап эле малын сатып, атасын Америкага жолдомо алып учуп кетти, бир айдан кийин кунандан соо болуп үйүнө кайтты. Ал эми карылыкка моюн сунуп алтымыш беш жаштан өткөндө намазга жыгылды, эч кимге айтпаганы менен комада жаткан кездеги көргөндөрү оюнан кетпей чын дүйнөнүн бар экенин, ал дүйнөдө дагы жазага тартылаарын сезип кудайга жалынып беш маал намаз окуп кечирим сурачу болду. Майрам кийин өз үйүнө кетип өз жашоосун өзү өткөрмөк болду, ал мугалим болуп иштөөчү, карасы алынгандан кийин ишине киришти. Майрам Эрнистин өлгөнүнө анча деле кейибеди, анткени анын жашыруун жүргөн адамы бар эле, ал үйүнө келгенден эле кайрадан келе баштады, Майрам балдары уктаган кезде астыңкы кабаттагы балконго үстөл даярдап, үстүн толтуруп шампанский менен винону коюп күтүп жатты:

- Кандайсың жаным? - деп телефон чалды Турусбек дарбазага келип.

- Келдиңби, азыр чыгам, - деп Майрам жүгүрүп чыгып кучактап калды, кадимки сагынышкан жаштардай эле, балдарынын атасы өлгөнү оюна да келбеди, - Акырын, балдар ойгонуп кетпесин, - деп колунан ала ичкери киришти.

- Сагынып кеттим, - Турусбек аны кучактап аймалап кирди, - Аябай сагындым, сенчи, сенчи жаным?

- Мен дагы, - Майрам көзүн жума магдырай кучактаган Турусбекти өзү аймалап жатты, - Мен сени сүйөм Турус.

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм Майрам.

- Кел эми, тамактанып алалы, баары даяр, - Күлүмсүрөй карады.

- Ичели, ансыз дагы сенин колуңдан тамак ичпегениме көп болду, - Экөө үстөлгө отурушту, ортолорунда тамак, койкойгон бөтөлкөнү, хрустал рюмкалар, - Эрнистен бир топ эле байлык калгандыр...

- Бар, кудайга шүгүр, кайнатам дагы өз энчисин балдарга бөлүп берген.

- Канча бөлүп берди? - Турусбек чакчая жооп күтүп калды.

- Эки жылкы, эки кулундуу бээ менен жыйырма кой эки уй бөлмөк болду, Эрнис өлгөн жок, балдары турат, баарын даярдап койду, андан көрө айтчы экөөбүз кантип бирге болобуз? - Эркелей көзүн сүздү, - Ушул күндү кандай күтпөдүк эле, ээн-эркин калууну самачу элек, Эрнисти өзүбүз жок кылабыз деп жүргөндө кудай тилегибизди өзү берди.

- Ооба-ооба, - Турусбек жалтаңдай көзүн ала качты, - Биз бул жерден кетишибиз керек жаным.

- Кайда балдарымды кантем?

- Балдардын чоң аталары турбайбы, кел Америкага кетип калабыз.

- Аякка экөөбүз кантип бармак элек?

- Акча болсо каякка болсо кетип калса болот го?

- Балдарымды таштай албайм да.

- Кайнатаң бул жерге жашатпайт да, кандай кылуу керек анда.

- Билбейм, - Майрам ойлонуп отуруп калды.

- Аны да ойлонуштурабыз, кел жаталычы алтыным, - имере кучактап алып диванды көздөй басты, - Сагынуудан өлүп бара жатам, - Экөө өбүшүп диванга кулашты, бир оокумга чейин "ойноп" анан кумарлары таркаган соң чалкасынан түшүп жатып калышты, Турусбек үйлөнүп ажырашкан, азыр сүйлөшкөнү бар, Майрамды акчасы үчүн эле сүйөм деп жүрөт, анткени Эрнис барда эле акча сурап алып жүргөн. Аялдын акылы артында дегендей ал аны ойлогон жок, өзүн сүйөт деп ойлойт. Ал түнү бирге болуп таң ата уурданып эшиктен чыгып кетти. Улуусу Кумарбек окууга тапшырмак болуп жатат, кызы али мектепте, кенжеси быйыл окуйт, Майрам жеңил ойлуулукка барып айылдан бир жылкы саттырып келди, анан үйүн сатыкка коюп балдарына айтпай кайнатасыныкына алып барып коюп өзү кардар издеп жүрүп тапты, эки кабат, он беш сотукта бак-шагы ийилген үйдү чөнтөгү калыңдар гана алуусу мүмкүн, көпкө созулуп акыры аны сатып алуучу дагы чыкты. Майрам аны кубана тозуп алды да каалаган баасына кол алышып бир жумадан соң документи бүткөндө Турусбекке жолукту:

- Сен билетти ала бер, мен Жасминди алып келе коеюн, - деди ашыгына демиге.

- Бар жаным, таңкы алтыда учуп кетишибиз керек, тез кел, - деп бетинен өпкөн Турусбек арыта өзүн күтүп турган Тамараны көздөй басты, ага бирөөдөн аласамын деп койгон болчу. Ошентип алар эртеси саат он экидеги поездге отурушту да Россияга жөнөп кетти, Майрам шашыла кайнатасына жетип балдарын өөп, кызын ээрчитип жөнөп Турусбекке чалса телефону өчүрүлгөн, чый-пыйы чыгып аэропорттон ары бери издеди, бирок таппады, акыры ыйлаган бойдон үй жайсыз кала берди, кайната-кайненесине калп айтып Эрнистин карыздары алып койду дегенден башка аргасы калган жок. Коркконунан үйдү сатып алган адамдардын телефон номерин издеп алардан суранды, күйөөсү Эрнис алган дегенди тастыктаган жоопту айткыла болбосо кайнатам үйдү алып коет деп безилдеди. Ал Курмандын сүрүштүрөөрүн сезген эле, дал ошондой болду ал атайын барып сурады, Эрнистин үстөк акча алганын билди, ал тургай кол катын аялына бергенин айтып кутулушту. Майрам шашыла Эрнистин атынан саргайган кагазга түшүнүк кат жазып сумкасына салып койду, бирок Курман аны көргүсү келген жок, болоор иш болуптур деп отуруп калды. Майрам терең дем алып эс ала түштү, ансыз дагы өзүн алдап кеткенине жини келип өзүн-өзү тилдеп жаткан. Дагы жакшы Турусбекке үйдүн бир жарым миллионун берип жылкынын акчасы өзүндө болчу. Ошондон кийин ал эч кимге ишенбей калды, ар убак Турусбекке алданганын ойлосо ичи туз куйгандай ачышат. Күндөр өтүп ал ызасы тарагандан кийин ишине чыга баштады, арадан бир жылдай өткөндө анын телефонуна СМС түштү, карай салса: "Сага чоң рахмат, мен сени алдаганым үчүн кечирим сурайм, азыр мен өз сүйгөнүм менен бактылуумун, сенин акчаңды салып жиберем", - дептир: "Өлүп кет, менин акчам менен өз сүйгөнүн бактылуу кылгысы келген тура", - деп жинденип ызаланып аябай ыйлады. Бир жумадан соң ал банктан бир миллион сомду алды, бирок ал акчага эмес өзүнүн алданып калганына жинденип жатты. Ал кайнатасынын үйүндө жашап жүрө берди, акчасын жок кылбай банкка салып койду, өзү бара-бара жүрүш турушу башкача болуп жумуштан кеч келип, кээде ичип келип көрүнбөй бөлмөсүнө киргенин байкаган Акылай:

- Майрам, сен азыр жашсың, болгону отуз бештесиң, өзүңдү кыйнабай турмушка чыгып ал, балдардан кам санаба, Курман экөөбүз аларды кор кылбайбыз, - деди.

- Апа коюңузчу, мен турмушка чыкпайм, - деди жер карап.

- Бул жүрүшүң жакпайт, атаң билип калса эмне дейт, андан көрө сага биз жооп берели, сен дагы өз бактыңды тап.

- Жок апа, мен эч жакка кетпейм, - деди Майрам ыйлап, ал каталыгын сезип каникулда ата-энесиникине кетип калды, балдарын ойлогону менен өзүнүн дагы жаштыгы өтүп кете электе бирөөнүн этегин кармабаса болбосун сезди. Ата-энеси кызынын абалына боору ооруду, акыры ага өз айылынан эле аялы өлгөн бирөө чыгып ага тийип кетти. Муса жакшы жигит, карапайым иштемчил, эки баласы бар, Майрам аны менен жашап калды, Кумарбек анын турмушка чыгып кеткенин угуп таарынып жүрдү, Жасмин менен Анарбек анча билген жок. Бир жылдан кийин Майрам кыз төрөп алды, өзүнүн тынып-тынчып калаарына көзү жеткен соң күйөөсүн шаарга кетели деп көндүрө баштады. Ал ата-энесине айтты эле макул болушту, Майрам балдарына учурушмак болуп барып келди да банктагы акчасын алып үй издешти Муса экөө. Акыры жакшы үй алып жашап калышты, Кумарбек келбейт, Жасмин менен Анарбек келип кетип турат. Эмлистин аялы Данагүл, өтө митаам да куу да эле, Майрам күйөөгө тийип Жасмин менен Анарбек барып келип жүргөндө бир күнү кайненесине минтти:

- Апа, Жасмин деле чоңоюп калды, же апасына биротоло барсын, же бул жерде болсун, - деди жыландын башын чыгарып.

- Эмне болду? - Акылай келинин тикчие карады.

- Балдар жаман өсүп калат, орто жолдо жүргөн бала ээн баш болуп калат апа, чоңойгон сайын сиз аякта жүрөт деп ойлойсуз, ал бул жакта деп ойлойт, анын кайда, эмне кылып жүргөнүн билесиз?- деди куулана, - Айрыкча азыр кыздарды-кыздар бузат, ээнбаш кыздарга кошулуп баш бербей калса кантесиз?

- Кой кайдагыны айтпа, колдорунда телефону бар билип алабыз, - Акылай келинин жактырбагандай туруп кетти, бирок ойлонуп калды: "Айтса айтпаса төгүнбү, ырас эле кыз баланын жүрүшү башкача болуп бара жатат, эмне кылуу керек, өгөй атанын колуна берүүгө да болбойт", - деп ойлонуп турганда Жасмин келип чоң-энесин өөп эркелей кетти:

- Чоң эне эмнеге ойлонуп отурасыз?

- Силерди берекем, чоңойгонуңарды атаң көрсө болбойт беле...

- Атамды аябай көргүм келет, эмнеге өлүп калды? - Жасмин араң эле турганбы ыйлап аны кучактап калды, - Мен атамды сагындым чоң эне!

- Каралдым ай, эстетпейин дедим эле...

- Мен дагы сизди капа болот деп айтчу эмесмин.

- Апаң жакшы жүрөбү кызым?

- Ооба, кызы чоңоюп калыптыр.

- Ал эми сенин сиңдиң да кызым, күйөөсү дурус элеби?

- Жакшы эле го...

- Мейли, жаш неме өмүр бою биздин эшигибизде жүрө бермек беле?

- Биз менен жүрө берсе болмок, - Жасмин мурчуңдады.

- Кызым, сен эми чоңоюп калбадыңбы, эмдиги жылы мектепти бүтөсүң, эки жакка көп чыга бербе ээ кызым? - деп ойлуу чачынан сылап жыттап коюп оор үшкүрүп алды, Жасмин жаш эмеспи чоң энесинин оюн түшүнбөдү, эмнеге анткенин деле билбеди. Болгону өзүн жамандыктан коргогусу келгенин түшүндү. Акылай үндөбөгөнү менен келин Данагүлдүн айтканы көңүлүнөн кетпей туруп алды, бирок балалыгы кете элек эрке небересин жаман жолго ыраа көрбөй тим болуп турду. Курман сакайып кеткенден кийин да эч ким менен сүйлөшпөй эрмеги эле намаз болуп теспеси колунан түшпөй турса дагы "алла" оозунан чыгып күңгүрөнүп сүйлөп калчу болгон. Акылайдын эрмеги неберелери, чурулдап бири менен бири урушуп талашып кайра заматта ойноп кетип ортодо далдалчы, ошондон кубат алып кудайга ыраазы... Майрам кызынан кийин дагы бир уул төрөп алып иштегенге убактысы келбей үйдө болуп калды, Муса кудайы момун адам, Майрамдын балдарына да, өз балдарына да бирдей карап мээримин төгүп турат, ынтымактуу үй-бүлөөлөрдөн болуп жашап жатышты. Кызы Жасминге аябай окшош, атын Айлин койгон, уулу бир жаштан өтүп бактылуу эне, ата-энеси тез-тез келип кабар алып турушат, Мусанын ата-энеси келинине ыраазы болуп неберелерин алып келип берген, төрт бала менен эч жакка чыга албай жүргөндө анын телефонуна бир СМС түштү, Майрам эшикте жүргөн, Муса баласын алып отурган, эч нерсе оюнда жок эле ачып окуп кирди: "Майрам, мени кечир, сени сүйөт экенмин, сенсиз бактылуу боло албадым, кааласаң барам да жаңыча жашоо баштайбыз, акчаларыңдан калганын дагы салып жиберем, сенин ишеничиңди өчүргөнүм үчүн өкүнөм", - дегенди окуп алып кайра билмексен болуп отуруп калды. Майрам эч нерсе капарсыз оокат менен алек, Муса базарда соода кылат, контейнери бар, албетте баарын Майрам өзү алып берген. Эки-үч күндөн кийин билгизбей анын телефонун карады эле Майрамдын жөнөткөнүн окуду: "Мен сендей арсыз эркекти сүйгөнүмө өкүнөм, эми сени көрмөк турсун атыңды уккум келбейт", - дептир. Андан келген кат: "Таарынычың күч экенин билем, бирок жаңылыштык кимден кетпейт, кечир мени Майрам", - жок, эми менин тынчымды алба, мен турмушка чыгып татыктуу адамдын жары болуп эки балалуу болгонун, менин бактымды эми талкалабаса, суранам, акчанын да кереги жок", - деген бойдон жооп келбептир. Ошондон бир жума өткөндө Майрам:

- Муса, сен балдарга көз болуп тур, менин Москвада курбум бар эле, акча карыз алып кеткен, салып жибериптир, алып келе коеюн, - деп жөнөп калды.

- Канча акча эле?

- Беш миң доллар.

- Көп го?

- Алганын берет да, - деп кете берди, Муса унчуккан жок, акчаны ким салганын билип эле турду, бирок унчукпады, бул телефондогу каттар ошону менен бүткөн жок, бара-бара тез-тезден келчү болду, анын окуганын Майрам билбеди, балдары менен Муса экөөнө кийим-кече алып берип, Жасминге каалагандай кымбат сотка, Анарбек менен Мусанын эки баласына ноутбук алып берди Майрам. Жаңы жыл болуп калган Майрам телефонуна СМС келгенин билгизбей карап окуп отуруп калды.

- СМС келди го, бителден бекен? - деди Муса.

- Ооба, бирдемени эле жөнөтө берет.

- Ийи, - деп тим болду, бир аздан кийин Майрам тамак жасамак болуп чыгып кеткенде дароо окуса: "Мен шаардамын, эртең саат үчтө музейдин алдынан күтөм Турус", - дептир. Эчтеке билбегендей отуруп калды. Бирок базарга чыгып кетти, кечинде келсе Жасмин балдар менен отуруптур.

- Майрам кайда кетти? - деди Муса.

- Апамды бир курбусу чакырып кеткен, келип калат, - деди Жасмин.

- Аа-а, - деп коюп телевизор көрүп отуруп калды, көп өтпөй эле Майрам келди.

- Кечигип калдым, бир курбум экөөбүз көптөн бери жолуга элек болчубуз, - деп кашкайган калпты айтып кирип келди, ал Мусанын СМСтерин окуп жүргөнүнөн кабары жок эле.

- Үйгө эле ала келсең болмок, - деди Муса.

- Кийин келет, - деп койду, Муса унчукпай калды: "Мунусу качан токтоор экен, бир иши бар, анысы кечирим сураса кечирип басып кетээр бекен, же жашыруун жолугууну уланта берээр бекен, дагы байкайын, кандай мамилеге өтөөр экен, же балдарды таштап басып кетеби", - деп ойлонуп жатты. Майрам эчтеке болбогондой жаркылдап маанайы күндөгүдөн башкача көрүндү ага. Ошондон баштап ал күндө бир жакка кетчү болду, базарла отуруп телефон чалды эле үйдөмүн деп койду, ал аны билүү үчүн эрте келди, келсе жок, төртөө ойноп отуруптур, өзүнүн улуусу окуудан калып кичинекейин көтөрүп жүрүптүр. Ошол бойдон кечинде келди, жүзү албырып ичкилик ичкени көрүнүп турду.

- Кайда жүрөсүң? - деди Муса ачуулана.

- Эмне болду, жанараак эле кеткем.

- Мен сага качан чалдым эле?

- Саат экиде, эмне болуп кетти?

- Мен үйгө эки жарымда келдим, Кубат окууга барбай калыптыр!

- Ой ка-алп, мен ал келгенден кийин эле кеткем, - Майрам моюнуна алаар эмес, Мусанын ачуусу келип кетти:

- Жетишет, артист болбой эле гой, мен баарын билем!

- Эмнени билесиң, кызыксың го? - Майрам делдээ карап чоочугандай түр көрсөттү.

- Турусбекти билем, анын кечирим сураганын, акча салганын баарын билем!

- Муса-а...

- Ооба, мен сени өзү айтаар деп жүрдүм, мени көк мээ деп ойлодуңбу, анын Москвадан келгенмин, жолугушууга чакырганмын да билем, курбуңа жолукпай эле ошого жолукканыңды билип туруп унчукпадым, ачык айт кетсең, мен сени кармабайм, калп айтып мени да өзүңдү дагы алдабай ачык сүйлө! - дегенде Майрам бир бозоруп бир кызарып же ыйлай албай же күлө албай туруп калды, - Мен сени менен кызыл чеке болуп урушкум келбейт, эми баарын угуп билип туруп кантип жашайбыз, - деп сыртка чыкмак болгондо:

- Муса, мени кечир, мен аны менен жаман жолго барганым жок, ал мени коркутуп алып кетем дегенинен эптеп жолугуп түшүндүрүп айттым, үйүңө барам деп жатат, - деп ыйламсырап алдын тосту, - Эми чалса милицияга берем деп келдим, ишен мага.

- Кантип ишенем, мен базарда болом, сенин эмне кылып жүргөнүңдү билем?

- Эми СМС жазса сен барып сүйлөш ишенбесең.

- Ал мурдагы сүйгөнүң беле? - дегенде Майрам унчуга албай калды, - Болуптур, бул жолу мен сени кечирдим, бирок кайталана турган болсоң төрт баланы аламын да бул үйдөн кетемин, - деди да чыгып кетти, Майрам балдарынын орунун салып жаткырып анан төшөгүн даярдап күтүп отуруп үргүлөп кетти, ошол көз ирмемдик мүнөттө анын көзүнө Эрнис кирип: "Ак никени аттаганыңды койбосоң жаман акыбалда каласың, балдардан уялсаң боло, мени да убагында жазгырып жүргөнүңдү эми билдим, артыңды ойлобойсуңбу", - деп жинденип кадимки тирүүсүндөгүдөй ачууланып жатыптыр, чоочуп ойгонуп кетсе Муса кирип келе жатыптыр.

- Келдиңби? - деди күнөөлүүдөй акырын.

- Келдим, - деп чечинип ордуна жатып калды.

- Муса, мага ишенбей калдыңбы?

- Билбейм, мен өзүмө дагы ишенбей турам, адаммынбы же айбанмынбы деп, - дегенде Майрамдын жүрөгү зырп этип кетти, ал эми эле Эрнистин арбагы өзүнө ачууланып жатканын эстеп коркуп кетти:

- Муса, мени кечир, сага айтпаганым үчүн.

- Баары өттү, эми түз жүрбөсөң, мен сени менен урушуп отурбайм...

- Эч кандай кайталанбайт, балдарымдын кусуру урсун.

- Карган карганба өзүңдүн жүрүшүңө байланыштуу, - деди да ары карап жатып алды, Майрам унчукпай жатып: "Кудайым мени кечире гөр, ак никелүү күйөөмө экинчи кара санабайын, балдарым үчүн тынч жашайын, кечир жаратканым", - деп кудайга жалынып жатты. Ошол түнү ал экинчи арамдыкка барбас үчүн өзүнө-өзү ант берди, таң атканча уйку бетин көргөн жок, эртең менен эрте дагы Турусбек СМС жөнөтүптүр Мусага көрсөттү: "Эгерде бүгүн келбесең күйөөңө барып баарын айтамын, сени сүйөөрүмдү айтып жетелеп кетемин", - деген экен, Муса телефондун номерин чыгарды да сындырып ыргытып жиберди.

- Эмнеге анттиң, атамдар чала албай калат да.

- Өзүбүз чалабыз, сен эми аның жоголгуча телефон көтөрбө!

- Макул, - деп унчукпай калды Майрам, Муса базарга кетип калды. Ал бирок өзү базарга кетмек болгону менен үйдү айланчыктап Майрамды акмалады, бирок ал чыккан жок, саат ондордо Кубатты кийинтип сабакка жөнөттү, андан кийин акырын базарга кетти, анткени Самат бала карай албайт, кызы да жаш көңүлү тынып үч-төрт саат соода кылып кечинде келсе тамак жасап күтүп отуруптур.

- Кубат келе элекпи? - деди кирип эле.

- Келген, үйдө китеп окуп жатат.

- Ийи, - деп коюп отура кетти, эч кимиси сөз жаңыртпады, Майрам ичинен бүкү-түкү болуп жатты, ал Турусбекти өзү дагы сүйчү, болгондо дагы ал сөздүн берметин терип кооздоп ыр менен айтып сүйүүсүн жеткире албай жүрөт. Аны кыя албай Майрам дагы билгизбей жүрө берем деп ойлогон, бирок ал Мусадан эмес Эрнистин түшүнө киргенинен коркту. Андан кийин Турусбектен дайын чыкпай калды, Муса дагы Майрамга унчукпай мурдагыдай болуп калышкан эле, арадан бир айдай өткөндө дарбаза такылдаганынан чыга калча Турусбек турат.

- Эмнеге келдиң, менин турмушумду бузгуң келеби? - деп Майрам эшикти жаап илип алаарда күч менен кирип келди.

- Мен сенсиз жашай албайм дедим го?

- Эми кеч, мен сага ишенген кезде сен таштап кеткенсиң.

- Ал үчүн миң ирээт кечирим сурайм Майраш.

- Кереги жок, карачы эки балам бар, күйөөм билсе эмне кылам?

- Көзүнчө жетелеп кетем.

- Кете албайсың, мен сага бир ишенгенмин, эми ишене албайм.

- Азгырыкка кирдим Майраш, менин күнөөмдү кечирип мага жубай болчу, кааласаң күйөөңдөн уруксат сурайын, - деп жалдырап жатты Турусбек, ошол учурда Кубаттын агайы телефон чалганынан ага барып кайра үйгө келген Муса дарбазанын сыртына келгенде туруп калды.

- Кереги жок дедим го, турмушумду бузба Турусбек.

- Сени алып кетмейинче бул жерден кетпейм.

- Эмнеге, мени өлтүрөсүңбү?

- Сени неге өлтүрмөк элем, сенсиз мага жашоо жок, - Турусбек кучактамак болуп жатканда Муса кирип келди:

- Эмне болуп жатат бул жерде? - Каштарын жыйыра карады.

- Муса-а, - Майрам коркуп кетти.

- Тууган, бирөөнүн аялында эмне жумушуң бар?

- Акеси, бул менин сүйгөнүм болчу.

- Эми менин аялым, эки баламдын энеси.

- Сизден кечирим сурайм, Майрашка жооп бериңиз.

- Майрашка жооп бере албайм, анткени мен анын ата-энесинин колунан алганмын.

- Баары бир сени сүйбөйт, кое берсеңчи старик, - деп мылжыйды Турусбек.

- Турусбек, сен акмак экенсиң, менин үйүмдү бузгуң келеби, анда мени өлтүр! - Майрам аны жинди болгон эмедей сүзгүлөп кирди, - Мени тынч кой, болбосо өлтүр! - Ошол учурда коңшулары жолго чыгып алардын үйүн жардана карап калышкан, бирөөсү чалып койдубу заматта милиция келип алып кетти, аны менен бирге Майрам менен Муса дагы кошо барды, Майрам арызын жазды, Турусбек бөлүмдө калды. Муса үйүнө келгенде да үн катпады, ошондон кийин эле Турусбектин психикалык жактан оорусу бар деп далилденип жиндиканага кеткенин угушту. Майрам бир туруп боору ооруп кетет, бир туруп аны өзү жактырганын мойнуна алып сүйгөнүн коргогусу келип чечкиндүүлүк кылгысы бар, аргасыз колундагы эки баласын, кайнатасында калган үч баласын ойлоп Муса менен биротоло калмак болду. Муса ага унчуккан жок, бирок Турусбекти анын сүйөөрүн билди, ичтен тынып тим болду, Турусбекти тааныш аркылуу жиндиканага жаткырып туруп чыгарып жиберишти. Ал эми андан үмүт үзүп өз бетинче жашамак болуп өз жолуна түштү. Майрамга ишенип калды Муса, андан кийин эч кандай шек билинбеди. Жасмин бой жетип бир жылдан кийин мектепти бүттү, акыркы коңгуроосуна бармак болуп жатканда Жасмин телефондон: "Чоң атамдар бармак болду, сиз убара болбой эле коюңуз", - деди эле отуруп калды. Ошол күнү Жасмин алгачкы жолу жигит менен сүйлөштү, анткени көптөн бери анын артынан калбай жүргөн жигит бар болчу. Ынтымак жөнөкөй эле базарда соода кылган адамдардын баласы эле, Жасминди көрүп ашык болуп жүргөн, ал ошол Курмандын жашаган үйүнө жакын жерден үй сатып алып көчүп келишкен. Акыркы коңгуроо болуп жатканда Курман менен Акылай гүл берип куттуктаган соң үйлөрүнө кетишкен, Жасмин кыздар менен турган, кечки вечеринкага даярданмак, Ынтымак жакын басып келип гүл берди:

- Жасмин, бүгүнкү майрамың менен куттуктайм!

- Рахмат, - Кыз жылмая гүлдү алып жыттап койду.

- Бүгүн бир аз жолуксак болобу?

- Убактым жок, вечеринка болот бизде.

- Ошого чейин бир аз эле...

- Эмне жумушуңуз бар?

- Эми, сиз менен жолугуп сүйлөшкүм келет.

- Жарайт, жарым саатка.

- Рахмат Жасмин, мен бул арада болом, - деп ары көздөй басты, Жасминди жанындагы кыздар тегеректеп калды:

- Жасмин, бул красавчик ким?

- Жигитиң го ээ?

- Ай койгулачы, Жасминди сүйгөн ушул эле бекен, толуп жатат, - деп Гүлина колтуктай ары басып кетти, - Сен эмне аларга отчет бермек белең?

- Сураса сурай берсин, бул жөн эле коңшу болот.

- Сени сүйбөсө келбейт эле го чынбы, а сен сүйбөйсүңбү?

- Жо-ок ай, сүйүү жок бизде, кошуналык эле мамиле го.

- Анда сен билбейт экенсиң Жасмин, ал сени сүйөт экен.

- Күлкүмдү келтирбечи Гүлина, элестет менин Ынтымакты сүйөөрүмдү, - деп Жасмин күлүп жатты, - Мен жөн эле аны кошуна катары көрөм.

- Сен сүйбөсөң мен чаап алам анда.

- Чаба бер.

- Сүйө турган жигит экен, мага жагып калды.

- Менде ага деген эч кандай сезим жок, аны билбейм.

- Болуптур анда, аны менен жолугушууга мен барам макулбу?

- Жарайт, сен бара бер, - деди Жасмин чын дилинен, андан кийин балдар-кыздар чогулуп вечеринкага даярданып жатышты, Жасминге Майрам вечеринкага кие турган көйнөк алып берген болчу, жарашыктуу кийинип алган кыздар оюн-зоок уюштуруп жатканда Жасминдин телефону чыр этип караса Ынтымак экен, ал Гүлинага акырын шыбырады эле ал ошол кийими менен чыгып күтүп турган Ынтымакка келди:

- Салам, менин атым Гүлина, - Колун сунду Гүлина.

- Салам, менин атым Ынтымак, аа-а Жасмин келген жокпу?

- Кечириңиз, Жасмин болбосо мен турамын го? - Гүлина жылдыздуу жылмайды, - Балким сиз өзүңүздү сүйбөгөн адамга убара болуп жүрбөңүз?

- Не дегиңиз келет?

- Ал сизди сүйбөйт дегим келет.

- Муну ал сизге өзү айттыбы?

- Өзү айтпаса мен кайдан билем, бирок сизди жактырган кыз жаныңызда турганын байкасаңыз болмок.

- Жаңыласыз, жүрөктү алдаганга болбойт эмеспи.

- Башкарса болот, куру сүйүүгө жетелегенден көрө жүрөктү башкарып өзүңдү сүйүп турганды көрө билишиңиз керек, - деп Гүлина ага жагынмак болуп жылмая карап көйнөгүн улам-улам серпип наз көрсөтүп жатты, - Биздин кечеге кирип бийлебейсизби?

- Чакырылбаган конок болом го.

- Мен чакырам, жүрүңүз кирели.

- Жарайт, - Ынтымак Жасминди көрүү үчүн кирди, ошол учурда Жасмин классташы Жаныш менен бийлеп жаткан, көйнөгү делбиреп бир башкача көркөм көрүнөт, Ынтымак аны көрүп эле туруп калды, анын алдында мойну койкойгон аккуу учуп келип конгондой көйнөгү делбиреп жеңи желпилдеп түйүп алган чачы өзүнө жарашып жигиттин колунда жеңил бийлеген балеринадай учуп жүргөн эле, аны колтуктап алган Гүлина аны силкти:

- Ээ-эй, кайда карап жатасың, жүрү бийле.

- Аа-а, мен бийлей албайм го?

- Эмнеге?

- Силердин классташыңар болсо уят, мен мында күтүп карап турам.

- Ынтымак, койчу эми кыздарга назданбай жүр бийлейбиз, - Гүлина аны болбой бийлеп жаткандарды көздөй жетеледи, акыры экөө бийлеп жатты, Ынтымак кыздын кыймылы менен эптеп бийлеп жатканы менен эки көзү Жасминде болуп жатты, - Сүйлөбөйсүңбү, - деди аны байкаган Гүлина.

- Эмнени сүйлөйүн, - Ынтымак кайра эле Жасмин жактан көз албай айтты, - Сөз деле жок...

- Эми-и сүйүү жөнүндө сүйлөсөң, - Гүлина аны колу менен өзүнө каратты, - Азыр илгерки заман эмес да, мисалы мен сени сүйөм десем кандай кабыл алат элең?

- Сенби? Мениби? - Ынтымак аны эми көрүп тургандай таңгала карады.

- Ооба, эмне экен? - Гүлина анын ийнине башын жөлөп алды, ошол кезде музыка токтоп калды, Жасминди бийлеп жаткан жигит колунан жетелеп ары барып сүйлөшүп туруп калды, Ынтымак ага ичи күйүп, жолугушууга өзү чыкпай койгонуна ыза болуп турду. Кече аяктап баары тараганда Ынтымак аны үйгө кетчү жактан тозуп турганда Жасминди Кумарбек машинасы менен алып кетип калды. Ынтымак ыза болгон бойдон үйүнө кетти. Ал Гүлинаны ойлоду, анын оюу боюнча кыз кишинин сүйүүсүн өзү айтканы өрөөн учурады, кыргыз кызы назик жана өз сүйүүсүн эч качан айтпаган, назик жана аруу болушу керек эле: "Чектен чыккан адепсиз кыз окшойт, неге Жасмин өзү чыкпай аны жөнөттү, демек ал мени сүйбөйт, көңүл үчүн болсо дагы жолуккусу келбегени жигити бар экен да, ошол жигит кандай гана бактылуу, озунуп кеткен экен, бактылуу бол Жасмин", - деп ойлонуп улутуна үйүнө жетип капалуу жатып калды. Жасмин болсо аны ойлонуп: "Кандай ойдо калды экен, Гүлина эмне деп айтты экен, чаап алам дегени кызык, ал эмне чаап алгыдай чөп же отун беле, ал адам го, анын дагы өз каалаганы бар", - деп өзүнүн бөлмөсүндө ойлонуп жатты. Бирге бийлеп жаткан классташы Азамат эле, ал дагы көптөн бери сүйүүсүн айтып жүргөн, бирок Жасмин аны анча жактырбайт. Сүйүү бул адам өмүрүндөгү бир жаңы жашоонун өзөгүн ачкан даңгыр жол, жашоосун шаңга бөлөгөн ыйык сезим, өмүрүн бакытка бөлөөчү да, кирген суудай ала салдырып ылайга салчу нерсе. Бирок адам баласы сүйүүгө кабылганда аны аңдабай да калат, бир гана өз жүрөгү сүйгөн адамына жетсем деп далбастайт, керек болсо кылмыш жолуна барууга даяр болот, ал эми сүйүүдөн көңүлү калган алам бүт өмүрүндө азап чегип келе жаткандай, сел алдында калып ала салган дөңгөч сымал жашоосу азан-казан түшүп өмүрдөн кечип коюуга чейин барат, Жасмин азыр сүйүүгө кабыл элек, ал Гүлинанын сөзүнөн улам ойлоно берди: "Эмнеге, ал бир көрүп эле сүйүп калдыбы, мен аны бир жылдан бери билем го, менде андай болгон эмес, кантип сүйүп калат, сүйүп калганын кантип билет", - деп ойлоно берди. Эртеси эртең менен Курман менен Акылай балдарынын ойгонушун күтүп отурушту, Кумарбек менен Жасмин турду, андан кийин Эмлис менен Данагүл туруп келишти, Курман акырын Алтынга башын ийкем койду эле ал үч кабат тортту көтөрүп келди, Акылай чөнтөгүнөн алтын чынжырчаны алып чыгып Жасминди мээрим төгө караганда Курман:

- Кызым, кечээ кеч келип калдың, сенин окууңду аякташыңды куттуктайбыз, чоң энең экөөбүз өз белегибизди берсек деп күттүк, эми гана сааты чыкты, - деди.

- Мен карындашыма алтын сөйкө белек кылам, - деп Эмлис Данагүлгө караганда ал кутучаны алып чыкты, - Окууну бүтүшүң менен карындашым, - деп жанына келип өөп баары куттукташты.

- Рахмат чоң ата, чоң апа, байке сиздерге рахмат, - деп кубанычтуу жүзү томсор түштү, - Атам болгондо башкача болот беле...

- Садагаң кетейиним десе, арга жок экен да айланайын, баарыбыз аны ойлойбуз, унутпайбыз, ал азыр сенин эстеп жатканыңды билет, ушул эле айланада жүргөн болор кызым, - деп Акылай небересин чекесин өөп каңырыгы түтөй отуруп калды, андан кийин эч кимиси үндөгөн жок, Жасмин тортту кесип биринчи чоң ата, чоң энесине андан соң Эмлиске, Кумарга берип өзү ооз тийди. Баары көңүлдөрү ачыла кол чаап жиберишти:

- Куттуктайбыз, жолуң ачык болсун кызым.

- Бактынын ачкычы колуңа тийсин Жасмин, - дешип куттуктап жатты, ошол учурда анын телефону чырылдап калды, бул Майрам эле, кызын куттуктап үйүнөн күтүп жатканын айтты. Анан эгер макул болсо Кумар менен Анарбекти ала келишин айтканда:

- Апа, азыр барып калабыз, - деди Жасмин.

- Апамбы, мен дагы барайынчы, - деди Анарбек.

- Бара койгула балдарым, эне деген ыйык болот, күттүрбөй баргыла, - деди Курман.

- Мен барбайм! - деп туруп кетти Кумарбек.

- Кумар, энеңди антип жазалаба, Майрамга биз уруксат бергенбиз, - деди Акылай токтоо кабак чытып, - Сен аны түшүн балам.

- Эмне күйөөгө тий дедиңер беле?

- Ким болсо дагы ошентмек, күйөөсүнөн жаш калды, атаң өлбөсө ал кетмек беле, сен чоңойдуң уулум, түшүнгөнгө аракет кыл, - деди Курман.

- Баары бир барбайм.

- Байке, - деди Жасмин, - Апам сизди келсин деди.

- Бара бергиле, мен барбайм! - деп Кумарбек чыгып кетти, Жасмин менен Анарбек жөнөгөндө алдынан чыкты, - Отургула, жеткирип коеюн.

- Өзүбүз эле кетебиз, - деди Жасмин көгөрө, агасына таарынганын билдире.

- Бол эми отургула, алып барып келем.

- Сиз барасызбы анан?

- Жүр, жүргүлө эми, - деп жылмайды Кумарбек, ал ини карындашын жанына отургузуп алып жөнөдү, машина келип токтогондо Майрам чыга калды, ал чыдамсыздык менен күтүп жаткан болчу. Анарбек жүгүрүп барып кучактап калды.

- Берекем, алтындарым менин, - Майрам ыйлап да өпкүлөп да жатты, - Жасмин окууну аякташың менен кызым.

- Рахмат апа, - Кызын кучактап өөп бооруна кысып турганда унаадан түшпөй жер карап отурган Кумарбекти көрүп селдээ туруп калды, арт жагында Муса менен төрт бала аларды карап турган, көз жашын аарчый Майрам Кумарбекти көздөй басып жөнөдү, ошол мүнөттөр токтоп калгандай болду, беш жыл ичинде ал бир топ өзгөргөн, атасына окшоп кетти, бою өсүп ээгинде жаңыдан өсүп келе жаткан кыл муруттары өзүнө жарашып Эрнисти көз алдына элестетип жиберди, ал Эрнис менен таанышканда дал ушундай жыйырмалардагы жаш жигит эле: "Эми ал жок, анын сүйүүсүн мен актай албадым, кечир мени Эрнис, арбагыңдан айланайын Эрнис", - деп ойлонуп бара жатып Кумарбекке жетип-жетпей жыгылып калды, баары жүгүрүп бүлүк түшүп калды, Кумарбек дагы коркуп кетип биринчи барып башын көтөрө калды:

- Апа, апа көзүңдү ач, эмне болуп кетти?

- Уулум, чын эле апаңды кечирдиңби? - деди анан эсине келген Майрам.

- Ооба апа, мен сизге келдим, кайгырбаңызчы апа! - деп Кумарбек кучактап алып ыйлап ийди, Жасмин дагы ыйлап турду, көптөн кийин баары чогулуп үйгө киришти, дасторконду толтуруп койгон экен, абдан жакшы жасап балдарын күтүп жатканы көрүнүп турат, Кумарбек Муса менен таанышты, ини карындашын өөп учурашты.

- Менин атым Айлин, - деди ага келип Айлин, - Сиз менин байкемсизби?

- Ооба, мен байкең болом, - Кумарбек күлүп койду.

- А сиздин атыңыз ким?

- Кумар...

- Кумайбы, мени жакшы көйөсүзбү?

- Ананчы, жакшы көрөмүн.

- Каякта жүйдүңүз эле?

- Үйүмдө.

- Эмнеге келбей койдуңуз?

- Келдим го?

- Келдиңиз беле? - Айлин аны бир аз карап туруп жүгүрүп кетип куурчак көтөрүп кайра келди, - Бел менин Маша деген куйчагым да.

- Жакшы экен, атын ким Маша деп койду?

- Жасмин эжем коюп бейген.

- Аа-а, ал ат койгонго кыйын, - деп Кумарбек күлүп койду.

- Айлин, байкеңди алаксытпай ойной кой, биз чай ичели ээ? - деп Майрам аны акырын сыртка чыгарып жиберди, анан торт алып келди, Жасминге алтын жасалга алып койгон аны берип бетинен өөп, - Бактың ачылсын, алдыңда эч кандай тоскоолдук болбосун кызым.

- Рахмат апа.

- Эчтеке эмес кызым, ар дайым жанымда болушуңарды гана тилейм...

- Биз чоңойдук апа, ар кандай тагдыр бизди күтүп турганы ачык, андан көрө алагды болбой балдарды карай бериңиз, - деди Кумарбек.

- Кумар туура айтат, туулгандан баштап адамды бешенесине жазганы бар Майрам, - деди Муса, андан көрө балдардын келечеги жакшы болушун тилегенибиз жакшы эмеспи.

- Ырас айтасың, мен үчүн булар деле жаш көрүнө берет Муса.

- Ата-эне үчүн бала эч качан картайбайт, бала бойдон калат.

- Ошондой экен, - Майрам Жасминге карады, - Экзамениң качан башталат кызым?

- Биринде.

- Апа, Жасмин эжем менен Кумар байкемди карайсыз, мени унутуп калдыңызбы? - деди Анарбек, баары күлүп калышты.

- Сенин боюң кичине болуп көрүнбөй жатсаң керек? - деп Кумарбек аны тамашалай башына чокуп койду, - Кичинекей кишилерди эч ким көрбөйт да.

- Садагаң кетейин десе, сени кантип унутам, эжеңдин эң жакшы күндөрүнүн бири ушул кез да балам, азыр ушул үчүн гана сүйлөө керек, сенин дагы окууну бүтөөр кезиң келет, ошондо сени куттуктайбыз. Эне-бала ошентип бактылуу болуп дасторкон четинде отурушту, айтылбаган сөздөр калбады, атасын эскеришти, бир сыйра ыйлап алышты, анан алар кетмек болду.

- Апа, биз кетели эми, - деди Кумарбек.

- Бүгүн калып эле калсаңар болмок, - Майрам балдарын кетиргиси келбей турду.

- Чоң атамдар таарынып калат, барышыбыз керек, - деди Жасмин.

- Мен калам, каникулга чыкпадымбы, - деди Анарбек.

- Анда сен кал, - деди Кумарбек күлүп. Ошентип алар кетишти, Анарбек калып калды, балдарын узатып ойлуу турган Майрамдын жанына Муса келди:

- Жүр эми үйгө, көп ойлоно бербесең, балдар менен мага да керексиң, - деп колтуктай ичкери алып кирди. Кубат менен Самат Анарбек болуп ноутбук ойноп кирди, Айлин куурчагы менен алек, кичинекейи Жамалбек али там-туң басып калган, эч нерсе менен иши да жок эле. Майрамдын көңүлү тынып калды, уулунун аны кечиргени гана жетиштүү болчу. Өзүнчө кубанып ишин улантып кетти, негедир Мусаны балдарынын атасы катары сыйлаганы болбосо аны менен жакшы деле сүйлөшпөйт, болгону аны менен аялы катары гана түндө койнунда жатканы болбосо экөөнүн мамилеси чектелүүдөй, күнүмдүк тиричилик жөнүндө гана сүйлөшүшөт, Муса көп ойлонот: "Мен аял алып балдарыма караса болду дечи элем, бирок жашоодо бири-бирине сезим болбосо болбойт экен да, алты жыл болуп бара жатат, түнкүсүн төшөктө бир болгонубуз менен жылуу мамилебиз жок, бир үйдө эки башка адамдайбыз, жылуу сүйлөп балдар үчүн гана кайрылат болбосо мени менен иши да жоктой, баягыда Турусбекке жолуга баштаганда жүзүнүн да өзүнүн да кулпуруп кеткенин байкадым эле, демек ортодо сүйүү болбосо кыйын экен да", - деп ичтен сызып алып Майрамдын өзүнө көңүл буруусу үчүн аракет кылып көргүсү келди. Бир нерсе кылайын десе Майрамдын ар түркүн алтын жасалгалары толтура, эмне кылуу керек дей берди ички туюму. Анан жайдын толук кезинде ал балдары менен чогуу Ысык-Көлгө бармак болуп калышты, муну Муса ойлоп тапты, анткени Майрамдын туулган күнү июлдун он бешинде эле, ал ошол туулган күнүн көлдөн өткөрмөк болуп ага айтпай досторун чакырып койду да эки күн мурун көлгө барып пансионаттардын биринен орун алышты. Кумарбек менен Жасмин дагы келмек болгон, Муса өзүнчө телефон менен сүйлөшүп убаралана берди, Майрам болсо беш бала менен көл жээгинде, ал мындан он жыл мурун отуз жашын Эрнис бир башкача өткөргөнүн эстеп улутуна балдары менен алек. Муса барын даярдап коюп конокторду күтүп калды, адегенде эле Кумарбек менен Жасмин келди, андан кийин Мусанын үч досу аялдары менен келип ал күнү көрүнбөй эле жатаканалардан орун алышты. Эртеси Муса азандан анын бетинен өөп:

- Туулган күнүң менен! - деди.

- Рахмат, кантип билдиң? - Майрам күлө карады.

- Алты жыл бирге жашап, уул-кыз төрөп берген аялымдын туулган күнүн билбесем анда мен адам эмесмин го?

- Рахмат сага, аябай ыраазымын.

- Эчтеке эмес, мага сенин көңүлүңдүн ачыгы, күлүп турганың керек, - Кучактап алды.

- Ыраазымын, - Майрам анын көкүрөгүнө башын жөлөй көзүнөн жаш мөлт этти.

- Жүр эми чай-пай ичели, балдарды тойгузуп көлгө жөнөтүп экөөбүз бүгүн бир майрам кылалы, - деди Муса көңүлдүү жылмая. Айткандай эле балдарын тойгузуп көлгө жөнөтүп эки кичирээгин алып калышты, экөө бир үстөлдө отурушканда ары жактан конок жайларды даярдап жатты, заказ боюнча үстөл үстү даяр болгон кезде кафеге Кумарбек менен Жасмин кирип келишти.

- Туулган күнүңүз менен апа!

- Көп жашаңыз апа!

- Силер кайдан, качан келдиңер? - Майрам аларга түшүнбөй турганда ары жактан Мусанын үч досу менен Майрамдын эки курбусу чыгып келип бир ооздон:

- Майрам, туулган күнүң менен! - деп бажырайган гүлдөрдү кучактатып өөп жатышты, - Туулган күнүң кут болсун!

- Муса-а, сен чакырдың беле? - деп Майрам кубанганынан эчтеке дей албай калды.

- Ооба, сага сюрприз кылайын дегем Майрам, - Муса башын кашылап койду, анан тургандарга карай, - Кана коноктор орун алгыла, - деди. Ошол күнү Майрам укмуштай бактылуу болуп турду. Муса анын көңүлүн көтөрүп туулган күнүнө күмүш саат менен күмүш билерик тартуулады, алардын баалары абдан кымбат эле. Бир жумадан кийин көлдөн кайтып келишти, мурункудан Майрам Мусага берилип, тамашалай сүйлөп калды, негизи толук кандуу үй-бүлөө болгондой болуп калды. Өзүнө мамилеси өзгөргөнү үчүн жубайына ыраазы, өзүн бактылуу сезип бара жатты, өзү дагы аны улам жаңы сюрприз жасап таңгалдырып өзүн сүйдүргүсү келет. Балдарына сүйүктүү ата-энеси болуу гана үй-бүлөөгө жетишсиздик кылаарын экөө тең сезди, жана бири-бирин түбөлүк сүйүп өтүүгө өз-өзүнө милдет катары жана үй-бүлөөнүн ишенимдүү тиреги болууга ант берип турушту. Балдары бири-бирин багып бөлөк-бөтөн эненин тарбиясында өсүп жатканын билбей бактылуу, бир энеден туулган баладай эле. Майрам бар күчүн салып Кубат менен Саматка өз энесиндей мээримин төгүп, эркелетип чоңойтуп жаткан чексиз мээримдүүлүгүнө Муса абдан ыраазы болуп калды. Балдарынын бактылуу жүзүн көрүү Муса үчүн абдан бакыт эле...

Мырза ата-энесинин айтканынан чыкпайт, сыйлап турат, Гүлхан андан бетер өз ата-энесиндей карап сыйлайт, Жаңылмырзасы үчкө чыгып калганда уул төрөп Мырзаны чексиз бакытка бөлөдү. Акмат менен Тоту дагы жетине албай Мырзага куттук айтып мээримге бөлөп кубанып жатышты.

- Уулум, адам болот деген ушул, эки баланын атасы болдуң, - деди Акмат бооруна кыса далыга таптады.

- Садагаң болоюн, ылайым бала-чакаң көбөйүп өзүңөрчө чоң шаар болгула. Акым бир айыл, сен бир айыл болсоң кандай бакыт, кудайым оң көзү менен карасын, - Тоту кучактап чекесинен өптү, - Кут болсун балам.

- Ыраазымын ата, апа сиздерге көзүм өткөнчө барктап өтөм сиздерди.

- Биз ыраазыбыз балам, кеттик анда келинге баралы, - Акмат алдыга түштү, ал ар дайым Мырзаны айдатып алат, мурун өз унаасын өзү айдачу эле, - Баса, кудаларга сүйүнчүлөп кой Мырза.

- Макул ата, - деп унаага отурду, алар адегенде Акбердинин үйүнө барышты, алар үйүндө жок экен. Анан төрөтканага жөнөштү, Гүлхан төрөгөндөн кийин бир аз эс алганга уктап кеткен экен, тапырап кирип келишкенде ойгонуп кетти, Тоту жетип келип бетинен өптү:

- Аман-эсен көз жарып алдың, кут болсун балам.

- Рахмат апа, - Ызаат кыла өйдө болду.

- Жата бер кызым, уулуңар кут болсун, өмүрлүү болсун, - деди Акмат.

- Рахмат ата.

- Уулумдун башын көбөйтүп өзүң дагы аман жүр кызым, - Акмат эки жагын карады, - Неберем кайда экен байбиче.

- Азыр ата, өздөрү алып келишет, - деди Гүлхан кымырыла, аңгыча сестра наристени көтөрүп кирди:

- Мына уулуңуз.

- Айла-анайын десе, барбайган гана кысталак эй, ушу бир кызыл эт үчүн адамдар кандай гана азапка түшөт ээ, үнүн укпаганы арман кылып, бар болсо бага алба-ай... - Акмат ууз жыттанган наристени жыттап-жыттап, алды, - Өмүрлүү бол садага, кол жеткис бийиктикке жеткен кезде дагы өзүңдүн адам экениңди унутпай турган адам бол! - деп Тотуга берди, ал баланы алып өөп жыттап анан:

- Атасы, бу жаңы көзгө ат коебуз? - деди.

- Мырза, уулум кандай дейсиң, атын Гүлү экөөңөр даярдап койдуңар беле?

- Жо-ок ата, сиздер эмне дейсиздер?

- Эмне дейсиң байбиче? - Акмат Тотуга кайрылды.

- Сен айт анда.

- Анда, - Акмат наристени кайра колуна алды, - Уулумдун аты Бекарстан болсун, Арстандай айбаттуу, сөзгө бек анык адам болуп өссүн!

- Айтканыңыз келсин ата, - Мырза менен Гүлхан жарыша айтты.

- Бекарстан деген абдан жакшы ат экен, мага жакты, - деп Тоту кайра небересин күйөөсүнүн колунан алды, - Айла-анайын десе, ак жолтой уул бол, ылайым маңдайыңда ата-энең, жек-жаатың болсун, ыймандуу бол Бекарстан.

- Буйруса балбан болчудай, - деп Акмат мурдунан чымчый сыртка карай жөнөдү, ал келинин маңдайында турганда ал тартынып жатканын сезди.

Алар тамак-ашын берип кайра жөнөштү. Акберди үйүнө келсе Аруужаз жок экен, атасыныкына кеткендир деп ойлоп телефон чалса өчүк, анан кайненесине чалды эле аныкы да өчүк, бул учурда Аруужаз менен Каным соода кылган жайында сүйлөшүп отурушкан.

- Деги силердин соодадан жолуңар болбоду да, акчаны эмне кылып жатасыңар?

- Эмне кылмак элек, жеп жатат дейсиңби, өзүнөн-өзү артка кетип жатат.

- Эми кредит алба апа, эми Акыга эмне деп айтам, ансыз дагы жөө калды ал, дагы силерге бердим десем эмне деп ойлойт, бул отуз миң сомду товарыңа кошуп ал, - деп сумкасынан алып берди.

- Бул жетпейт да кызым, күнүнө берчү акча алып алганмын.

- Эмне кыл дейсиң апа, бул Акынын мага сепичка алып ал деп берген акчасы болчу, мени да ойлосоңор боло, - деп Аруужаз ыйлап жатты, баласы ыйлай баштаганда үйүнө жөнөдү, Каным кызынан алган акчасын күнүмдүк төлөөчү жайга алып барып берип кайра сураса бербей койду, аргасы жок кайра келип соода кылмак болду эле такыр соодасы болбоду, анан кайрадан акча берчү жерге жөнөп бирөөлөр аркылуу акча алмак болуп контейнерин залогко коюп элүү миң алды, аны эртеси эле товар таратчу балага берип кайрадан бир топ товар алып калды.

Ошентип кайрадан иштей баштады, күндө түштөнгөнү кымбат тамак, ар кайсы жемиштерден алып жей берип соодасынын көбү кетет, кечинде үйүнө толтура тамак-аш көтөрүп келет.

- Каным, мынча тамак ашты эмне кыласың, бир жылдай этсиз тамак жесең болот эле го? - деди Болотбек капа боло, - Тартып ичсең тай артат деди эле апам, кыйналсак дагы сооданы кеңейтип алсак болот эле го?

- Сары суу ичип, жанымды кыйнап күнү-түнү манты жасап жашап келдим, кандай кылсам дагы эл катары боло албадым, - Каным ыйламсырап отуруп калды.

- Пешене тер менен тапкан тамак татымдуу дейт, бизге мындай чоң соода жарашпайт окшойт, тынч өмүр сүрүү керек Каным.

- Мен деле эл катары бардар болгум келет, заңгыраган үйдө, кызматчы жалдап чоюлуп каалагандай буйрук берип турсам жарашпайбы, же эркектей болуп сен иштебейсиң, - деп наалып жатып тамак жасап жатты.

- Апа, кейибеңизчи, мен силерди багамын, машинама отургузуп алып дүйнө жүзүн кыдыртам, - деди кичүү баласы Кайрат.

- Азамат балам, жаштын тилегин берет, уулум бизди багат, - деп Болотбек уулун башынан сылады, - көрдүңбү кемпир, балдарыбыз чоңоюп калды.

- Алар чоңойсо эмне кылайын, үңкүрдөй үйдө отурсак балдар элден уялат го, Муратың зоңкоюп бой жетти, Жанат быйыл бүтөт, деги балдарга эмне бере алабыз, мен тажап кеттим Болот, - Каным үшкүрүп алды, - Болот, үйдү дагы күрөөгө коюп акча алалы, акча-акчаны табат дешет го, балким ушунда бир кудай бизге берип кеңейтип алаарбыз.

- Этият болсоңчу, акчаны азыр алыш оңой болуп калды, бирок иштетүү өтө кыйын, үйдөн чыгып калбас бекенбиз?

- Чыкпайбыз, мындан ары баарын үнөмдөйм.

- Баягыдай марттыгыңды кой, дос-курбуну күтпөй чыда, анан алса алабыз, андан көрө береби?

- Берет, бул жолу сенин паспортуң менен алалы, - деп Каным күйөөсүн көндүргөнгө кубанып калды, - Кредит алганыбызды Аруужаз билбесин.

- Болуптур, кудай жар болсун деп алса алалы да эч кимге билгизбей төлөп сооданы кеңейтели, - деп макул болду Болотбек. Каным кубанып эртеси эле кредит берчү банкка барып келди, алар үйүн текшерип көрүп болгону жүз миң сом бермек болду, анткени үйдүн бүтө электиги, ремонту жоктугун эске алышты, бир жумадан кийин жүз миң сом алган Каным күйөөсүнө арендага орун алды да өзүнчө отургузуп койду, өзүнө дагы товар көбөйтүп алып чындап киришти. Көп өтпөй эле потент келди, анысын төлөдү, анан аренда акысы келди аны берди, ошентип айдын аягында кредиттин ай сайын төкчү он бир миңин топтой албай күнүмдүк акча берчү аялга барып жалдырап паспортун коюп алды да төгүп койду. Кыйын абал эми туулду, күнүнө алты жүз сомду төгөт, андан калганы ичкен жегенине кетет, мектептеги балдарына акча берет дагы ай сайын төкчү акчасын топтой албай ай сайын күнүмдүк акча ала берип жугуму болбоду, билинбей эле товарлары азайып калды. Ага караганда Болотбек жакшы соода кылат, анан аны Каным тигиге, буга деп алып кете берчү болду. Акыры Болотбек өзүнүн соодасынан ага билгизбей акча ката баштады, бир күнү Каным:

- Болот, күнүмдүк акчадан сенин паспортуң менен дагы албайлыбы, - деди.

- Эмнеге?

- Кредитти төгүп бияктагы сооданы өзүнө жумшайбыз да.

- Жок, мен күндө төгө албайм, чыкпай калса эмне кылабыз, сенин алганың жетишет, - деп болбой койду Болотбек. Каным күйөөсүн көндүрө албай ордуна келсе Аруужаз күтүп туруптур, анын жанында аларга товар берчү түрк турган экен, экөө сүйлөшүп туруптур: "Демек мындан пайдалануу керек, ал үчүн Аруужазды көндүрүүм керек", - деген ойдо жетип келди.

- Апа, кайда жүрөсүз, келсем товарыңыз жабылуу, - Аруужаз ачуулуу тултуңдады.

- Чоң кыз, энеге мындай мамиле кылган болбойт, - деди кыргыз тилин суудай сүйлөөнү өздөштүргөн Осман.

- Эми эчтеке эмес, эрке өскөн да, - деген болду Каным, - Сизге эртең берейин.

- Мейли-мейли, шашылбай бересиз, - деди Осман көзүн Аруужаздан албай, - Кызыңыз сулуу экен.

- Көз тийбесин.

- Атыңызды ким дедиңиз? - Осман Аруужазга кайрылды.

- Аты Аруужаз, - деди Каным, - Жаздын аруулугун, тазасын билдирген сөз, атасы атайын Аруужаз деп койгон.

- Оо жакшы экен, чынында сулуу да назик да кыз экен.

- Апа, мен кеттим, - деп Аруужаз Осман көзүн албай карай бергенинен кетмек болду, - Анан телефон чалам, Абайды кайненеме таштап келгенмин.

- Турмушка чыктыңыз беле Аруужаз? - Осман ээрчий басты, Каным кубана карап турду: "Экөө мамиле кылып калса мага жакшы", - деп ичинен кымылдай келген кардарга карады. Осман Аруужазды бура бастырбай ээрчип алды, ал шашыла автобус күтүп калганда жанына келип сүйлөй бергенде:

- Менин күйөөм, эки балам бар, убара болбоңуз, - деди Аруужаз.

- Жок дегенде телефонуңузду бере аласызбы?

- Анын сизге эмне кереги бар?

- Жөн гана...

- Болуптур, - Аруужаз кара муруту өзүнө жарашкан жигитти бир карап алып телефон номерин айтты да келип калган автобуска түшүп кете берди. Аруужаз апасынын дагы кредит алганын билип калып урушмак болуп келген, бирок анын көзүнчө айта албай кетти. Ал келгенде Абай ыйлап жаткан эле, аны Гүлхан көтөрүп сооротуп жатканда кирип ала койду, анын оюнда баласын ал чымчылап ыйлаткандай сезилди:

- Эмнеге ыйлады, мынча ыйлачы эмес эле, жа-аным менин, Абай-Абай ыйлабачы балам, мен келдим, - деп силкилдетип жатып Гүлханды жаман көзү менен карады, - Апам бир жакка кетти беле?

- Апам соорото албай койгонунан мен алгам.

- Сага барса эле менин балдарым ыйлай берет, - деп чыртылдай ары барып отуруп эмгизмек болду эле ага да болбой ыйлай берди, шымын чечип денесин карап жатты, - Бирөө катуу чоочуткан го?

- Ким чоочутсун Аруужаз, - Тоту үстүңкү кабаттан Бакайды ээрчитип келе жатып үн катты, - Чоңоюп калганга бизден чоочуркадыбы сүт берсем да болбоду.

- Мага деле болбой жатпайбы апа.

- Ичи ооруп калдыбы, алып кел көрөйүнчү, - деп өзүнө чакырды, Тотоу ичин көрүп анан, - Компрес кылалы спирт алып келчи, - деди, Абай ага да болбой ыйлай берди эле дароо ооруканага алып барышты. Ичи ооруптур, укол салып анан дары жазып беришти, бала сооронуп калганда аны үйүнө жеткирип коюшту, Акберди келгенде үйдө отурган эле.

- Абай ооруп калыптыр, азыр ооруканадан келдик, - деди Аруужаз.

- Эмне болуп ооруптур?

- Суук тийиптир дейт.

- Этият кылсаңчы, көтөрүп алып эле кете бересиң.

- Мен каякка барып жатыптырмын? - Жактырбай карады.

- Мен кайдан билем, качан болсо келсем үйдө жоксуң, атамдыкында жүрдүм дейсиң, жаш баланы жолдо көтөрүп жүргөнгө болмок беле?

- Анда бала бакчуну жалда, ата-энеме каттаба дегиң келеби?

- Болду Аруу, болоор болбоско урушпайлы, кыскасы жакшы болуп калса болду, - деп өзүн карап турган эки жаштан өткөн уулун колуна алды, - Келе гой уулум, сага эмне болду?

- Апа, ата, - деп колун серпип койду Абай.

- Бирдеме барбы, кардым ачты?

- Эми жасайм да.

- Мейли жаса, - деп уулун көтөрүп чыгып кетти Акберди. Аруужаз ичинен кимдир бирөөгө ачуусу келгенин чыгара албай турду: "Министрдей гана жашап жатпайбы, колу эчтекеге тийбейт, белен тамак, кири жуулуу, баласы багылуу, ошол сыйды мен көрүшүм керек эле го, ал үйдүн жалгыз келини менмин, ал болсо керсейет тим эле", - деп астындагы ашын тартып алгандай Гүлхан менен Мырзаны жек көрүп жатты. Акберди уулун жетелеп бактын ичинде жүрдү:

- Ата-ата, амма бейчи-и, - деди Абай колунан тартып.

- Алма жейсиңби уулум? - Акберди кыпкызыл болуп шагы ийилген алмадан үзүп колуна карматты, - Быша элек тура уулум.

- Не, бычалекпи?

- Ооба, жүрү кесип берейин, - Үйүнө жетелеп кирди, - Апасы, биз келдик.

- Апа-а, мен амма жем.

- Тантык десе, качан так сүйлөйсүң? - деп Аруужаз жылмая карады.

- Тийишпе, уулум так эле сүйлөйт.

- Чычалап кеттиңерби, балаңды тантык болсо тантык дейм да.

- Ошондойбу, кана биздин намыска тийген апасын азыр жазалайбыз, - деп Акберди Аруужазды кучактап алып моюнунан өөп киргенде:

- Ата-а, апамды уйба-ачы, - деп экөөнү этектен тарткылады Абай.

- Абай, атаң мени уруп жатат! - деп Аруужаз күлүп качып калды.

- Карма Абай, апаңды мага кармап бер, - деп күлүп кубалаганда Абай Аруужазды этектеп калды:

- Ата-а каймадым! - Экөө тең күлүп калды, кечки тамак ичип отурушканда Аруужаз:

- Акы, Гүлхан жөн эле ханышадай керсейет, атамдар аны жөн эле бөпөлөп калышты го? - деди жактыра бербегенин билдире.

- Мейли, ал дагы келини да.

- Акы, алардын жалгыз өз баласы сенсиң, жалгыз келини мен көрүшүм керек ошону.

- Сен айтпадың беле бөлүнөбүз деп, эми кайра баралыбы?

- Эгерде алар кетсе мен бармакмын, айрыкча Гүлхан менен бирге тургум келбейт, көргүм да келбейт.

- Аруу, сен антпе, мен Мырзаны өзүмө бир тууган бол деп алып келгенмин, сага алар жөнүндө жаман ой ойлобо дебедим беле? - Кашыгын үстөлгө ыргыта жини келе карады, - Ал менин бир тууганым уктуңбу! - Үстөлдү бир муштады.

- Эмнеге анчалык ачууланасың, ал силерди баш үйрүтмө кылып алган го?

- Болду, мен сенин былжыраган сөзүңдү уккум келбейт!

- Болуптур, андай болсо мен эки баламды аламын да кетемин, - деп Аруужаз тултуңдай туруп кетти, Акберди ачуусун тыя албай анын артына чыкты, Аруужаз кийимдерин жыйыштырып жаткан, Абай уктап калган болчу, аны жулкулдатып кийинтип жатканда Акберди баланы анын колунан жулуп алды.

- Кетсең өзүң кет, балдарда акың жок!

- Эмнеге, менин дагы балам, сага эмнеге калтырат экенмин?

- Акың жок, мен сени кет деген жокмун, кеткиң келсе кете бер! - деп баланы көтөрүп алып эшикке чыгып кетти, Аруужаз ыйлап отуруп калды, Акберди атасынын үйүнө күүгүмдө кирип келгенде баары карап калышты.

- Кел балам, караңгыда эмне болду? - Тоту үрпөйө карап Абайды карады.

- Эчтеке апа, жөн эле келгибиз келди да.

- Аруужаз дагы келдиби?

- Жок, ал үйдө өзү калды.

- Ботом урушуп калдыңарбы?

- Жо-ок, эмнеге урушмак элек, балам экөөбүз жатып кетебиз, - деп отуруп калды, Акмат менен Тоту бири-бирин карап калды, Мырза болсо кызын алып отурган, ал жан-алы калбай ээрчитип жанынан чыкпайт, басса-турса дагы, жатканда дагы ансыз жатпайт. Гүлхан баласын эмгизип бөлмөсүндө болчу, алар тамактанганы калганда аны чакырышып чогуу тамакка отурду. Тоту Абайды Бакайдын жанына жаткырып кайра келди. Тамактанып бүткөндөн кийин Мырза бөлмөсүнө кетти, Акмат менен Тоту, Акберди эле калышты:

- Кана сүйлө баатыр, караңгыда жөн келбегендирсиң? - деди Акмат.

- Келсе болбойбу? - Акберди күлүп койду, - Жөн эле келдим.

- Келин үйдө эмнеге жалгыз калды? - деди Тоту.

- Жалгыз болгусу келди, мен силерге келгим келди.

- Ушу силер бирдеме болгонсуңар? - Тоту баласына кабатырлана карады.

- Кызык, эмне болмок эле апа, бүгүн бул жерде болобуз.

- Мейли, айтпасаң айтпа, - деди Акмат, - Бирок ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген уулум, кийин кеч болуп калбасын, - деди да туруп кетти.

- Деги тынч болсоңор болду, чырактай балдарыңар турат, - деп унчукпай калды.

- Апа, чынында урушуп кеттик, - деди ошондо Акберди, анын айткандарын айтып келип, - Эгерде балдарга келсе бербеңиз, - деп катуу дайындады.

- Деги пастыгын кылбай койбойт экен да, мен дагы байкаганмын, көрбөгөнгө жакшы нерсе көрсөтпө деген ушул да балам, айла жок акылы болсо түшүнөөр, ал күнүлүк кылгандай кандай акысы бар эле, жетесинде жок десе, - Тоту жинденип көпкө сүйлөндү, Акберди үндөгөн жок, бирок ал аялын сүйгөндүктөн дагы ажыраша алмак эмес.

Ал түнү Аруужаз жалгыз жатты, заңгыраган эки кабат үйдүн үстүңкү кабатынын бир бөлмөсүнүн терезеси өчпөдү. Өзүнүн каталыгын ойлобой эле ичи тарлыгы күчөп: "Неге өзүнүн баласы болбосо деле көзүн карашат, ал Акберди катары эмнеге баарына шериктеш болушу керек, алар биздин насибибизди талашып жатат, эми балдарынан өйдө бакса, жолдо жүргөн жолбун, бир жетим келип эле мунун табагына кол салганы кантип болсун, ошону балам дегенин көргүм да, уккум да келбейт", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Акберди ошондон ары жумушуна кетип калды. Аруужаз эмне кылаарын билбей отуруп анан апасына жолугууга жөнөдү, дал ошол учурда чоочун номер чалып калды:

- Алоо, бул ким? - деди алып.

- Салам Аруужаз кандайсыз?

- Жакшы, ким экен бул?

- Мен Осман, сизди чайга чакырмакмын, мүмкүн болсо жолукпайлыбы?

- Кечиресиз, мен үй-бүлөөлүүмүн деп айтсам керек эле.

- Жөн гана пикир алышып сүйлөшкөндөн эч нерсе болсо сулуу кыз.

- Мага мунуңуз жакпайт, - деп өчүрүп коюп: "Сен эле калдың эле", - деп жинденип алып автобуска отуруп жөнөдү, ал келгенде Каным дагы жок эле, эки келин менен кафеде чай ичип жүздөшүп отурган. Күтүп отурбай атасына барды.

- Кел кызым, - деди Болотбек.

- Апам кайда кеткен?

- Ордунда жок бекен?

- Жок, ушинтип жүрө берсе кредитти кантип төлөйт? - деп жинденип алды.

- Түштөнгөнү кеткендир?

- Эл отурган жеринен эле ичип жатпайбы?

- Ачууланба кызым, апаң деле көп түйшүк тартып калды, басса баскандыр, - Болотбек кызын тынчтандырды.

- Ушинтип жүрө берсе уурулар алат, бирөө ушунукун карап отурмак беле, анан дагы кредит алышат, кредитти алгандан кийин жанталашып иштеш керек ата, үйүңөрдү алдырып ийип талаада калгыңар келеби? - Ыйлактап кирди.

- Төлөйбүз да, иштеп жатабыз го?

- Сиздин оорукчан экениңизди билип туруп базарга эмнеге чыгарат?

- Мен азыр жакшы болуп калдым го кызым.

- Мен кеттим, экинчи келбейм, жүрө берсин! - деди да жөнөй берди, кайра үйүнө келсе дагы эле келбептир: "Чоңоюп калды, башка бирөөнү деле алпештеп багып жатпайбы, аларды дагы баксын", - деп ойлонуп телевизордон сериал көрүп жатып алды. Уктап кеткен экен телефону чырылдап ойготуп жиберди, караса дагы Осман, жини келип өчүрүп койду, ошол күнү кечке чалды, канчалык күтсө дагы Акберди келбей кеч кирди, бирдеме ичкиси келип ашканага кирип эптеп бирдеме ичип кайра жатып алды, ал дагы көгөрүп туруп алды, экөө тең бири-бирин кекетип арадан үч-төрт күн өтүп кетти. Бир күнү Аруужаз телефондун жанын койбой салган Османго жини келип отуруп: "Эгерде Акберди барда чалса эмне болот эле, муну кантип токтотом, Акберди билип калса менин таза экениме да ишенбейт, кой ага жолугуп түшүндүрөйүн", - деп ойлоп кийинип алып чыгып кетти. Ал кетээри менен Акберди келип анын кетпегенин сезди, ошол күнү ал баласын алып кайра келди, Аруужаз көпкө кечикти, телефон чалса албай өчүрүп салып жатканынан: "Таарынып жатат", - деп ойлонуп: "Биз үйдөбүз", - деген СМС жөнөтүп ийди. Дал ошол кезде ал Осман менен ресторанда отурган эле...

Акберди ал келбегенинен улам баласын кучактап жатып калды, эртеси Аруужаз апасына барды, анын такыр көңүлү тынбай жаткан, качан барса Каным ордунда жок болот, товары ачык-чачык калат, жанаша соода кылгандар өз арбайын согуп аныкын кайдан карамак эле, барып эми эки жагын карап турса үстөлдүн алдына контейнер тараптан бир бейтааныш жигит чоң таңылчакты көтөрүп чыгып келе жатканын көрүп жетип келди:

- Сиз кимсиз? - деди ачуусу келе.

- Мен адаммын, эмне көрбөй турасыңбы? - деди ал местанын ээсин тааныгандыктан кам санабай, - Менин кимдигимдин сага кандай кереги бар?

- Бул жерде эмне кылып жүрөсүң дейм! - деп Аруужаз кыйкырып колундагыны жулуп алганда гана коркуп кетип элди аралай качып кетти, чоң таңылчак жалаң кымбат кийимдерди упаковкасы менен таңып алыптыр, Аруужаз ар жагына өтүп отургучка отуруп жинденип отурганда орто кызуу болуп Каным келди:

- Качан келдиң? - деди ал жай баракат.

- Каякта жүрөсүз, баарын ачык таштап коюп жүрө бересизби?

- Эмне болуп кетти кудай ай...

- Мына, муну бирөө көтөрүп кетип жатыптыр, алып калдым.

- Койчу кызым, ушул карыш-карыш турган коңшулар турбайбы, көрөт эле да, мени эч жакка чыкпасын дегениң го, - деп ишенбей койду, чынында Каным бир кетсе үч-төрт саат бою жүрө берчү, анан келип бир аз отуруп соода болгон жок деп кетип калат, ал товарынын кемип жатканы менен дагы иши жок болчу, эсептөөчү эмес. Күндө аны байкаган бирөө ал кетээри менен товарларын алып кетип жүргөн эле, Аруужаз көрүп калгандан кийин келбей калды. Ал дагы эртеден кечке апасынын ордунда отуруп соода кылып кечинде барып жатып алып жүрүп он беш күндөй өтүп кетти. Бири-бирине өчөшүп жүрүп аралары алыстай баштаганда Тоту бир күнү базарга келди, ал Канымга жолукмак болгон эле, Аруужаз кайненесин көрүп уялып кетти.

- Келиңиз апа.

- Келдим, кудагый жок беле?

- Ал үйгө кетти эле...

- Балам, үйгө кайт, минтип жүргөнүңөр болбойт.

- Апа, мен үйдө элемин, Акы өзү келбей жатат го?

- Ал сени жок экен деп барды го?

- Жо-ок, күндүзү апама жардам берим кечинде үйдөмүн, атамдар билбейт апа.

- Болуптур, кечинде Акыны жиберем, - деп эми кетмек болуп бурулганда алдынан кызымтал болуп Каным чыкты.

- Жакшысызбы кудагый?

- Жакшы, кудайга шүгүр, мен кетип жаттым эле, - деп басып кетти.

- Каадаланган кайненең араң эле учурашат да, - деп Аруужазга карады, - Бизди тоготпогону да, өлүгүңдү көрөйүн десе чоңдугуна чокоюм! - дегенде Аруужаздын ачуусу келип товарын бүт жыйнап кулпулады да ачкычын да бербей кетип калды, ага Осман дагы чалды, ага жолугууга макулдашып бара жатып: "Мен киши эмес бекенмин, жетим жесирди багып жүрө берсин, мени дагы сүйчү адам чыгат, балапандай кезимде алдап алышты эле эки уулду төрөп бердим, эми мен дагы ойноп күлүшүм керек", - деген чечимге келди. Акберди сүйүп алган келинчегин бекер таарынтып алганына капаланып ошол күнү үйүнө келди, Абайды таштап келген, түнү бою күтүп эртең менен базарга жөнөдү. Аруужаз атайын өч алгысы келип өз турмушун бузуп алаарын сезбеди, жөн гана ызасын ошентип чыгармак болгон. Акберди базарга келсе эл бирин-серин келе баштаптыр, Аруужазды бир сааттан кийин көрдү ал, келе жатканда эле алдынан чыкты:

- Аруу, эмнеге кечинде барбадың?

- Эмне мени апам алган дегени турасыңбы?

- Койчу эми, таарынбачы жаным.

- Ооба, мени үйүңө алып келген апаң болчу, менин жаштыгымдан колубузда жоктугунан пайдаланды, а сен мени алган эмессиң!

- Аруу, мени кечирчи.

- Болду, экинчи жаныма жолобо, балдарды сенден талашпайм! - деп Аруужаз жиндене басып кетип товарларын жайып жатты, көптөн кийин Каным келди.

- Кандайсыз апа?

- Жакшы балам, Аруу бизге жардам берип жатат.

- Мейли-мейли, - деп ары-бери басып тура бергенинен Аруужаз аны менен сыртка чыгып сүйлөшмөк болду.

- Акберди, менден кеттиби билбейм, жанагы жетимдер ошол жерден кетмейинче, мен сени менен жашабайм! - деди.

- Сен антпе Аруу, адам боорукер болгон жакшы, - деп Акберди түшүндүрмөк болду эле ага тигил болбоду, тил табыша албай эки жакка бөлүнүштү. Аруужаз Осман менен жүрүп алды, анын берген баалуу белектери, апасына толтуруп товарды санабай таштап коюп ал башкаларга оптом берчү болгон, ошонун баары аны азгырып ойноп күлгөн ушул тура деп жүрө берди, арадан алты ай өтүп кетти, балдарын сагынып көргүсү келип бир күнү барса Тоту көрсөтпөй койду, Акберди келгенде өзү уруксат берет деп. Ошентип көрө албай кайтты, анткени Осман аны күтүп кайра-кайра чала берди, жүрөгүндө байкап көрсө Акбердиге деген сүйүү деле жок экен. Осман аны Түркияга алып барып келди, чынында сүйүп калган эле, андан кийин балдарын да унутту. Каным аны билбеди, жөн гана кызым аны пайдаланып мага жардам берип жатат деп ойлоду, качан гана Тоту келип айтканда билди. Тоту ага келип:

- Аруужаздын бул кылганы туура эмес, менин балдарымды ал ажыраткысы келеби, уяты, намысы болсо дагы да кечиребиз, балдары турат, үйгө барсын, - дегенде:

- Кудагый ал каякта жашап жатат анан, бизге айткан эмес, - деп таңгалды.

- Мен кайдан билем, тууп тарбиялаган сенсиң, - деди да басып кетти, ошол күнү кечке маал Аруужаз апасына келди:

- Соодаңыз болуп жатабы?

- Сооданы кой, өзүң эмне кылып жүрөсүң?

- Эмне кылыпмын? - Кайра өзүнө суроолуу карады.

- Сен куруп кал!

- Эмне Акберди келдиби?

- Кайненең келдиби?

- Кайненең келди.

- Келсе келе берсин.

- Балдарыңчы?

- Аман болсо таап алат, - деп кенебей койду, Каным унчукпай калды, ал өзүн кармай албай ичип алчу болгон, бирок соодасы жакшы болуп, товары Османдын арты менен байый баштаганын тана албайт эле, кредиттеринен кутулуп баягыдай күнүмдүк акча дагы албай калды, Болотбек болсо өзүнүн соодасын өзү кармап товар алганды билип алып акча катып жүрө берди, Мурат менен Жанаты да акчаны жакшы көргөн балдар болду, улам телефон которуп, кийимдин кымбатын кийип обу жок болуп бара жатты.

Бир күнү Болотбек кечинде чарчап келгенде Канымга:

- Каным, эми товарың жакшы эле, кредитибиз жок, мага күндө пайдадан акча берип тур, антпесек үйдү бүтө албайбыз, балдар чоңойду, үйлөнтүү да керек, - деди.

- Макул, кудайга шүгүр эле...

- Бир аз катканың барбы?

- Жо-ок ай, эми кичине бутка туруп келе жатабыз го?

- Мейли, бүгүндөн ары бир күндүк сооданы бүт бересиң, бир күндүкү товарга, потентке жетет, - деди Болотбек бүтүм чыгара, - Бу мен оорукчан болсом, сен ичип жүрсөң кантип болсун, ушундайда токтот.

- Ичпейм мындан ары.

- Сени бирөө кыстап ичирген жок да, балдарды ойлосоң боло, кызың дагы күйөөсүнөн ажырашып алды, сен деги балдарга жакшы жагыңды көрсөтөсүңбү ыя?

- Ичпейм дедим го, - Каным жини келе тултуңдай туруп кетти.

- Өзүңө жаман, ичкиликти таштай албай калсаң жолдо каласың.

- Жолдо калбай этпейм, - деди кайра кирип.

- Иши кылып адам болуу кыйын, бузулсаң өз убалың өзүңдө, - деп Болотбек ойлуу отуруп калды, Каным дагы ойго чөмүлдү: "Ырас эле өзүмө жаман да, балдарым чоңойгондо мени кудай урдубу, ичкиликтен пайда тапкан кимди көрдүм, тууган-урукка төркүндөрүмө уят болбой тынч жүрөйүн, сый көрөөрдө сыйрылып калбай", - деп ойлоду да өзүнө бекем болууну чечти. Ошондон баштап акчаны сарптаганга үйрөнүп күнүнкү сооданы Болотбекке берип үйгө кетчү чыгымды өзү алып калып үнөмдөгөнгө көнүп бара жатты, кийин Осман товарынын акчасынын жарымын алып кайра толтура товар таштап кетти, контейнери толуп эле калды. Осман Аруужазды өзү катуу сүйүп калган бирок ал дагы пайда табууну ойлонуп даярдай баштады, тил үйрөтүп, чет элдиктер менен сүйлөшүү маданиятын үйрөтө баштады. Анткени Аруужаз чырайлуу болуп абдан баралына келген кез болчу, кийимдин адемисин кийгизип чачын жасатып койгондо атайлап жасалган куурчактай болуп калчу, акыры ал эки-үч тилди эркин сүйлөп калганда Түркияга алып кетти, анын өз үй-бүлөөсү бар эле бирок ал билгизбей Аруужазды мейманканага жайгаштырып коюп барып келди да Америкадагы таанышына чалып сүйлөштү. Андан жооп алгандан соң үч күндөй жок болуп кетти, Аруужаз мейманканада зеригип балкондо турса улгайган ак чачтуу адам жанына келип:

- Бу чүрөк мейманканага кандай пайда болду экен? - деди түркчө.

- Эмне бул жакта андайлар жокпу?

- Болсо дагы кыргыздын нукура чүрөктөрүнө жетпейт, - деди күлүп.

- Ошондойбу? - Аруужаз наздана көзүн сүзүп койду, - Мен андай деп ойлобойм.

- Бизде сулуулар көп, бирок сизге жетпейт.

- Рахмат, мактап турганыңызга.

- Ооба, күйөөмдү күтүп жатам.

- Күйөөңүз кыргызбы?

- Жок түрк улутунан.

- Оо биздин жигиттер кыргыздын чанда жаралчу карлыгачтарынан илген экен го, азамат экен, - деп күлдү тигил, - Сулуу атыңыз ким?

- Аруужаз.

- Немине-е?

- Аруужаз, - Кыткылыктап күлдү.

- Ар-уу-жа-аз өтө кыйын экен.

- Тилиңиз келбей жатабы? - Ого бетер күлүп кирди.

- Күйөөңүз эмнеде иштейт?

- Кыргызстанга ар кайсы жактан товар ташыйт.

- Азамат экен, - деп тигиле карап туруп, - Мен өзүмдү тааныштырганды унутупмун го, атым Ражап, - деди.

- Кубанычтуумун.

- Болуптур эмесе, мен кирейин, - деп кирип кетти, ошонун эртеси Аруужаз көзүн ачса таптакыр башка бөлмөдө жатыптыр, чоочуп кетип караса деңиз жээгиндеги үй экен, эшикти какты эле бир аял босогодон тозду.

- Сизге эмне кере айым?

- Мени бул жерге ким алып келди?

- Мен айта албайм, - Жер карады ал аял, Аруужаз аны түртүп сыртка чыгып кетмек болуп жулкунуп бара жатканда алдынан кычыраган адам чыкты:

- Тынчтаныңыз, бүгүн бул жерде эс аласыз, - деди англисче.

- Мени бул жерге ким алып келди?

- Аны кийин сүйлөшөбүз, азыр сиз эс алууңуз керек, эртең врачтын кароосунан өтөсүз, - деп жай басып терезеге барды, - Кандай керемет жер, бур жерден карап отурган адамдын көңүлүн көтөрөт, - Бери бурулду, - Ушундай эмеспи айым?

- Мага ким алып келгенин айтыңызчы бай болгур! - Аруужаз ыйлап ийди.

- Кабатыр болбоңуз, көп узабай билесиз, бул жерден чыгам деп убара болбой эле коюңуз, сизге тынчтык каалайм, - деди да башын ийе күлүмсүрөп коюп чыгып кетти, аңгыча ага тамактын түрлөрүн алып келип суусундукту өзүнчө койду, Аруужаз көз жашын көлдөтүп отура берди, качан гана ачка болгондо бир нерсе ичкиси келди. Кызматчылар эртең мененки ичилбеген тамакты алып кетип кайра жаңысын алып келди. Аргасыз ичип кардын тойгузду, анан телефонун издеп баары жайында экенин көрүп кубанып кетти, дароо апасына чалды. Бирок негедир нидоступен болуп туруп алды. Эртеси аны үч-төрт врачтар келип текшерип анализ да алып кетти, улам түрдүү тамак аштарды алып келишет, ичкенин ичет да калганына тийбейт, арадан бир жумадай өткөндө ага үч киши келип ар түрдүү кийимдерди таштап кетти, бир аял аны жуунчу бөлмөгө киргизди, андан чыккандан кийин:

- Жаккан кийимиңизди кийип даяр болуңуз, - деди бир аял сылык сыпаа гана.

- Эмнеге, эмнеге даяр болушум керек, мен эч кайда барбайм.

- Сиз менин эмес урматтуу Уиллдин буйругун угууга тийишсиз, - деп чыгып кетти, Аруужаз эмне кылаарын билбей көпкө турду да чет элдиктердин кийимдерин карап көрүп күзгүгө карана өзүнүн келбетине өзү суктанып алды: "Менин ушундай сулуулугумдун баркына Акберди жете албады, а Османчы, ал мени таппай калды го, эмнеге апамдын телефону албай жатат", - деп ойлонуп Османга чалды эле аныкы өчүрүлүү экен, айласы куруп кийинип турганда эшик ачылып үч аял кирди да анын чачын жасалгалап өздөрүнчө сүйлөшүп кирди:

- Абдан сулуу экен, бетине косметиканын кереги жок го, - деди бири.

- Уилл муну аялдыкка алат имиш, ошол үчүн сатып алыптыр, балким бала төрөгөн соң кетирип жиберет, - деди бири аны тил билбейт дегендей.

- Ал Уилл дегениңиз ким? - деп Аруужаз сураганда тигилер көздөрүн алайта бири-бирин карап калышты, - Айткылачы, ал ким?

- Кечиресиз, аны биз айта албайбыз, - деди бири.

- Эмнеге, ага мени саткан ким?

- Биз билбейбиз, биздин жумушубуз ушул гана, - деди бир ийин күйшөп.

- Мени эмнеге аялдыкка алат, менин күйөөм бар болчу! - деп ыйлап жатканда эшик ачылып кырк-элүүлөрдүн ортосундагы адам кирди эле тигилер ийиле чыгып кетишти.

- Салам, - деди ал жылмая, - Менин атым Уилл Пак.

- Салам, - Аруужаз дагы Осман үйрөткөндөй саал ийиле таазим кылды да, - Мени сизге ким сатты? - деди.

- Ачууланбаңыз айым, мен сиздин капаланышыңызды каалабайм.

- Эмнеге мени бур жерге алып келди, менин балдарым күйөөм бар эле, - деп ыйлап турганда Уилл Пак аны саамга карап туруп боору оорудубу:

- Сиздин балдарыңыз бары чынбы? - деди.

- Ооба, эки балам бар, Бакай, Абай деген, күйөөм өкмөттө иштейт.

- Да ну, - деп бөйрөгүн таянган Уилл, - Жаман, мен мындайга жол бербейм! - деди да бөлмөдөн чыгып кетти, бирок көп өтпөй кайра келип аны ээрчитип чыгып унаага салып бир жакка жөнөттү.

- Кайда барабыз? - деди Аруужаз.

- Сени Кыргызстанга жөнөтөм.

- Не ужели? - Аруужаз ишенбей көздөрүн бакырайтты.

- Чын айтам, мен балдарды жакшы көрөм, энесинен ажыраткым келбейт, өзүм көп жылдардан бери баардык өлкөлөргө барып жетим балдарга жардам берип жүрөм, анан сенин балдарыңды энесиз калтыргым келбейт, - деди. Мына сага, эми кайрылып өз жеримди, балдарымды көрө албайм деп баарынан үмүтүн үзүп калган Аруужаздын көздөрүнө жаш толуп чыкты, бир жагы тил үйрөткөн Османга да ыраазы болуп өзүнүн кубанганынан тартипти сактабай Уиллди кучактап өөп жиберди.

- Сизге чоң-чоң рахмат, дүйнө жүзүндөгү бардык балдардын сизге деген урматы арта берсин, ыраазымын сизге, чексиз рахмат!

- Эч нерсе, - деп күлүп калды Уилл, - Мен абдан маданияттуу анан адилеттүү адаммын, эч качан адилетсиздик жасагым келбейт, өтө боорукермин.

- Ыраазымын сизге, эгерде Кыргызстанга барсаңыз бул телефонго чалыңыз, - деп Аруужаз үй телеонун бере салды. Ал ошентип пешенесине жакшы адам туш келип өз элине кайтты, бирок ал Османды же ата-энесин ойлобостон дароо эле Акматтын үйүнө келди, ошол учурда алардын үйүндө аза күтүп отурушкан, аны эч кимиси жакшы тозуп албады, анткени Мырза кээ-кээде ооруп калып эч кимге сырын айтпаган, ал өзүнүн мындай болоорун сезбесе керек акыркы ооруп чыдай албай калганда ооруканага алып барышканда анын башында шишик жарылып кеткенин айтышты, ошентип ал бу дүйнө менен коштошуп кете берди.

Гүлхан каралуу болуп анын жанында апасы Гүлсана бар эле. Аруужаз Акбердиге келип кучактамак болду эле аны түртүп жиберди.

- Жогол, мен сени көргүм келбейт!

- Акы, мени кечирчи, - Аруужаз ыйлап турду, - Кечир мени Акы!

- Жок, сен эми кеч болгондо келдиң, азыр карааныңды жогот бул жерден.

- Акы...

- Аруужаз, - Анын жанына Тоту келди, - Ачуусун келтирбей бара бер, кийин сүйлөшөсүң.

- Апа, балдарымды көрүп алайынчы.

- Болбойт! - деп Акберди тура калды, - Балдар керек болсо ушул кезге чейин кайда жүрдүң?

- Акы, болду эми эч угат, - деди Тоту, - Бир сөз менен бүгүн эле чече койчу иш эмес.

- Балдарга жолобосун апа, менин муну көргүм келбейт.

- Жүрү Аруужаз, - Тоту аны короодон жетелеп алып чыкты, - Балдардан кам санаба, алар эчтеке билбейт, Абай сени унутуп да койду окшойт, Акынын ачуусу тарасын, - деп жылуу сүйлөп жөнөтмөк болду.

- Апа, Гүлханга жолугуп коеюн.

- Кийин.

- Апа-а! - деп ошол учурда Бакай жүгүрүп келди, ал Аруужазга эмес Тотуну кучактап калды, көзүнүн жашы тыйылбаган Аруужаз:

- Бакай, Бакайчик келчи балам, - деп эки колун сунду эле ал Тотунун этегине жабышып андан чоочуркай:

- Апа барбайм, бул ким? - дегенде Аруужаз эмне кылаарын билбей кетти.

- Бар, бара гой, кийин сүйлөшөбүз, - деген Тоту алты жаштан өткөн Бакайды колунан жетелеп кирип кетти, ал эми гана түшүндү, болоор болбоско таарынып тилинин айынан күйөөсүнүн көңүлүн калтырганын, балдарынан алыстап калганын, ушул сегиз айдын ичинде өзүнүн оюн туура көрүп жакын адамдарынан четтеп калганын. Өкүнүп турду, бирок аргасы жок ата-энесинин үйүнө жөнөдү. Анткени түн болчу, башка бараар жери жок эле. Ал келгенде Болотбектен кызуу уйкуда болчу, эшик такылдаганда Болотбек туруп келип:

- Ким бул? - деди.

- Кайда жүрөсүң? - деп Болотбек эшикти ачып-ачпай жатып сурады.

- Чарчадым ата, үйгө кирейинчи.

- Кир, - деп артына кайрылды, Каным да ойгонуп кетти.

- Аруу, сен келдиңби кызым?

- Ооба, келдим апа.

- Ырас болбодубу, келип калса экен деп жаттым эле, - деп кубанып алды, мурункудан үй ичи оңоло түшүптүр, Аруужаз улутунуп алды: "Өзүмдө күнөө, ушундан көрө кайрылып келбей ошол жакта азап тартып өлсөмчү, эми мени Акберди өмүрү кечирбейт, анын жакшы көргөн адамы, ини катары сыйлаган Мырзаны мен өлтүргөндөй эле болду го, эми кантем, балдарымды ушул бойдон көрө албай каламбы, ушул чет элдикче боор жок беле менде, акылсыз экенмин, деги мени ага ким сатты экен, айтпай дагы койду", - деп ойлонуп отурганда Каным туруп чай коюп алып келди, күзгү убак болгондуктан эшик чыкыроон тартып турган эле.

- Үшүп кеткенсиң го, ысык чайдан ичсең эс ала түшөсүң.

- Апа, өзүм үшүгөн жокмун, жүрөгүм үшүп тоңуп жатат.

- Эшик сук кызым, жол жүргөнгө чарчадың го?

- Билбейм, мен эми эмне кылам? - деди жүзү бозоро карап.

- Кудай сактасын, ысынып кетесиң, - Каным кызын жылуулап, ысык чайдан берип жанында отурду, Болотбек аны карап туруп:

- Өз турмушуңду өзүң бузуп алдың кызым, - деди.

- Сен жөн отурчу, ансыз деле араң турат, - Каным күйөөсүн тыйды.

- Жеңилби анан, алардын укуругу узун, биз аларга теңеле алабызбы, балдарыңды эми көрсөтпөйт го, - деп кейип жатты, Аруужаз үндөбөдү, кандай айтса да ата-энеси туура айтып турганын түшүнөт, түшүнгөндө аргасы жок эле да, үнсүз ыйлап отура берди. Анын көңүлүн кыйбай жүрөгү ооруп Каным уйкудан калды. Таңга маал уйкуга кирген Аруужаз күн чыкканда ойгонду, Болотбек эбак базарга кетип Каным калыптыр, ал аны күтүп жаткан.

- Ойгондуңбу Аруу?

- Ооба апа, экөөбүз Мырзага куран окутуп келелиби апа?

- Биз атаң экөөбүз угуп барып келгенбиз.

- Дурус эле бардыңар беле?

- Сен болбосоң эмне кылат элек, эл катары эле көз көрсөтүп койдук да.

- Апа-а, ал жерде менин эки балам турбайбы, эмнеге кайдыгер адамдай болуп бардыңар, мен өлө элекмин го? - деп ыйлап ийди, - Мен силерди ойлоп жолдон чыктым, бутуна туруп алсың дегенмин, мындай болоорун кайдан билдим, эми балдарымсыз мен кантип жашайм, аларды эч нерседен кемитпей багып алышат, бирок мени алар унутуп калышат го апа!

- Көп кейий бербе, эми деле кеч эмес, экөөбүз кийит-кече кылып бирди союп алып атаңды, агаң менен жеңеңди ээрчитип алып баралы, - деди Каным.

- Алар кабыл алаар бекен?

- Кабыл албай эмне, сен жөн гана таарынып жүргөнүңдү айтасың да.

- Эми мурункудай болбойт го, мен катуу жаңылдым апа.

- Болот эле, - деп моюн бербей Каным сандыгын ачып чача баштады, бирок анда өздөрү кийгизген гана кийиттер бар эле, түштөн кийин Болотбекти союш алып келгенге жумшап өзү кайнисине чалып аялы экөөнү келип кал деп буйруду, сиңдисин чакырды, ошентип боорсок жасап алып, таттуу жер жемишти алды да союшун бышырып алып эртеси Акматтын үйүндө болушту, алардын көзүнчө эч кимиси үндөгөн жок, болгону Аруужаз балдарын көрүп бооруна кысып сагынычын таратып алды. Кетээрде Акберди аны тамдын артына чакырып барып:

- Аруужаз, сен мындан ары балдардын тынчын алба, менин сүйүүмдү тепседиң, эми экөөбүз жашай албайбыз, - деди.

- Акы, мени кечир, кетпей эле коеюнчу.

- Болбойт, эми өз бактыңды тап, - деп бурулуп кетти, Аруужаздын оюна эми капкайдагы ой пайда болду: "Демек бул Гүлханды жакшы көрөт, балким ага үйлөнөт, жо-ок мен өзүмдүн бактымды ага тарттырып ийе албайм, эч качан кетпейм", - деген чечимге келип:

- Анда мага тигил үйдүн ачкычын бер, сени өмүр бою күтүп ошол үйдө жашайм, - деди.

- Болбойт, анда сенин акың жок!

- Эмнеге?

- Аны алып койгонуңду билбейсиңби?

- Ошону кектеп жаткан экенсиң го?

- Кандай ойлосоң ошондой ойло.

- Акы, балдарыбыз үчүн.

- Балдарды оозуңа алба!

- Анда мен сот менен алам.

- Көрөбүз, - деп Акберди басып кетти, Аруужаз ошол бойдон ыйлап ата-энесинин үйүнө келип жатып алып ыйлай берди, ошондон эки-үч күн өткөндө телефону чырылдап калганынан караса чоочун:

- Бул ким? - деди көңүлсүз.

- Аруужаз, биз жолугушубуз керек, - деген Османдын үнү угулду, ага жини кайнап урушмак болуп жүргөн Аруужазга кудай берип кубанып кетти.

- Кайдан?

- Баягы ресторандан күтөм.

- Азыр барам, - деди да шашыла кийинип алып жөнөп кетти, ал келсе Осман тамак буйрук берип койгон экен, - Алдамчы, акмак экенсиң! - деди жанына келип.

- Акырын, адегенде учурашалы, - Осман ордунан туруп аны жүзүнөн сүйүп орундукту тартып отургузду, - Кана эми сүйлө, - деп алакан жая жылмайды.

- Сен мени сатып ийипсиң го?

- Ким айтты, мен сени мейманканадан таппай калдым.

- Жалган, кантип алып кеткенин билбейм, түндөп Америкада болуп калдым.

- Менин мында күнөөм жок, бирөө жасаган болуу керек.

- Ким, ким ошондой кылышы мүмкүн?

- Ашыкпа, тамактанып ал-жай сурашалы, - Осман токтоо сүйлөп алдыга келген тамакка кол жаңсады, - Кана тамакка кара Аруу.

- Рахмат, - деген Аруужаз: "Эмнеси бар экен, балдарымды болсо бербейт, Акберди эми мени карабайт, андан көрө мунун айтканына көнө берейин, жок дегенде ток жашайм, убактылуу болсо дагы жан багуу керек", - деп ойлонуп тамакка карады, Осман ага бири калп, бири чын кылып көп сөздү айтып шаардан үй алып чогуу жашайлы деген оюн айтты эле Аруужаз ойлоноюн деп өзүн көтөрүп койду. Ошентип ал жеке башынын камы менен болуп калды, Осман чындап эле андан эчтекени аябады, бирок ага кээде бир дары кошуп берип эчтеке билбей кала турган болгондо билгизбей бирөөлөргө сатып жүрдү, ойгонгондо башы ооруп жалгыз жаткан болот. Жараткандын кандай күнгө туш кылаарын ар бир пенде билбейт, анын сыңары Аруужаз өзүнүн эмне болуп жүргөнүн билбеди, акырындап ооруп калды, аны Осман ошол бойдон таштап кетти, бир жыл ичинде катуу ооруп калганына Каным менен Болотбек дагы түшүнбөй ооруканага алып барып текшертсе эч кандай дарты жок, бир гана алсыз деп витаминдерди жазып берди. Бара-бара баса албай төшөккө жатып калды, Осман дайынсыз жоголду, Каным кызынын акыбалын көрүп отуруп ыйлап-сыктап бир көзү ачыкка барып үйүнө алып келсе:

- Буга өзүн билбей турган кошулма берген, аны ичкенде ким менен болуп жатканын да сезбей калат, ал кандын жүрүшүн начарлатып табити жоголуп, акыры кан кургап калып адамдын өлүмүнө алып келет, бирок айыктырууга бир гана жол бар, - деди.

- Кандай жол, кызым сакайып эле кетсе болду эле.

- Мунун канын тазалатыш керек, - деди ал.

- Кантип, врачтар таптаза деп койбодубу.

- Өзүм дарылайм, - деди ал табып, - Болгону менин айтканымды таап берсеңер болду.

- Жарайт, таап бергенге аракет кылабыз, - деди Болотбек ишенимдүү. Ошентип ал табып Аруужазды дарылап жатты, арыктап шайы кетип калганга өңү бир башкача көрүнүп калган, анын ооруп жатканын угуп Акберди келди, анын акыбалын көрүп ооруканага алып баралы деди эле Каным болбоду, алар жалаң балдарын ойлоп жатып ушул болду деп наалып ыйлактап калды. Акберди ары ойлонуп, бери ойлонуп ата-энесине кеңешип эки баласын алып келип кайра алып кетип турганга Аруужаздын көңүлү көтөрүлө сакайып бара жатты. Табып аларга эмне менен дарылап жатканын айтпады, өзү укол жасап сайып, чөптүн кайнатмасын ичирип жүрүп бир күнү:

- Эми буга сүт эмген козунун шорпосун бериш керек, - деди.

- Ошондон кийин тамак ичсе болобу? - деди Каным.

- Болбойт, канын тазалаш оңой эмес, бул бир өлүмдөн кайтты, - деди.

- Иши кылып жакшы болуп кетсе болду.

- Буйруса сакайып кетти, болгону бир дагы мен айткандан жазбаса болду, эгерде өзүңөр билип бир нерсе берип койсоңор мен жооп бере албайм, - деп кесе айтты. Акберди эки-үч күндө бир келип көрүп боору ооруду, жүрөгү чыдабады, акыры келип кетип кайнатасынын каржала түшкөнүн байкады, анткени алар табыптын айтканын жасап жатып акчадан кыйнала баштаган эле, баягы Османдан алган товарларынын акчасы бүт кетти, абдан кымбат уколдорду өзү жасап, чөптүн кайнатмасы үчүн күнүнө үч-төрт миң сомдой сарп кылып эки ай өттү. Аруужаз өзү кирип чыга баштаганда Акберди анын жанына отуруп алып кечирим сурады:

- Кечир Аруу, мен ачууга жеңдирдим, сени түшүнө албадым.

- Эчтеке эмес Акы, эми балдарга өзүң көз бол, мен көрүп эле турсам болду.

- Андай болбойт, эми кайра бирге болобуз, - деди Акберди.

- Гүлхан эмне болду, ага жаман болду го, балдары кантти?

- Ал төркүнүнө кеткен.

- Эмнеге?

- Күйөөсү болбосо эмнеге жүрмөк эле, балдарын алып келип турат.

- Мен убагында түшүнбөгөнүмө өкүнөм, мени кечир Акы.

- Болду баарын унут, сакайып кетсең болду, - деп эңкейип өөп жатканда Каным кирип келе жатып кайра чыгып кетти, Аруужаз күйөөсүнө эмне дээрин билбей турду, өзүндөгү айыбын кантип айтат, бир туруп баарын айтып бергиси келсе дагы күчү жетпейт, дагы балдарынан айрылып калгандан коркту. Үнсүз ыйлап жатты, Акберди аны башкача түшүнүп өзүн күнөөлөп жатты ичинен, балдары кирип чыгып томпоңдоп ойноп кайра Аруужазга жабышат, Бакай биринчини бүтүп экинчиге көчкөн, Абай бешке карап калды. Балдарынын көңүлү, өз сүйүүсү үчүн ал кайрадан жашамак болуп чечти, ата-энеси анын оюн билбей жесир келинин алып бермек болуп өздөрүнчө кеңешип жаткан. Акберди келип эле:

- Ата, Аруу ооруп калыштыр, абалы начар, балдарды ойлонуп жүрүп ооруп калды да, - деди бир күнү эле, анын унаасына балдарын салып кайда барганын деле сурачу эмес.

- Эмнеси ооруп калыптыр? - деди Тоту.

- Акыбалы начар, врачтар таптаза деп билбей койгондо бир табып аны өзүм айыктырам деп карап жатыптыр, - деди үңкүйө.

- Мен барып көрүп келейин, кандай оору экен, жаш немеге жаман болуптур, - деди чын дилинен кейип Тоту.

- Барып көрүп коюңуз, мен биринчи барганда өтө жаман болчу, азыр өзү кирип-чыгып калды, - деди Акберди, ата-энеси бири-бирин карап калышты. Бирок эчтеке дешпеди, кокус азыр Гүлханды ал десе бакыраары шексиз эле, эртеси Тоту өзү барып көрүп чындап боору ооруду: "Байкуш ай, балдарын ойлоп санааркап жүрүп ооруп калган го, буга дагы кыйын, эми Акы мындан кетпейт, айтып убара болбой эле коелу", - деп унчукпай кете берди. Аруужаз кийинки кезде ичтейи ачылып тамак жегиси келип калды, бирок ага табып шорпонун дагы эскисин бербейт, эркек малбы, ургаачы малбы деп сурап анан бир гана чыныдан ичкенге уруксат берди. Ошол кезде муну уккан Акберди бир козу алып келип союп жалаң Аруужазга берип жатышты, бара-бара кубаттанып, балдарынын жанында болгону өзүнө бел буудурду, Акберди жанынан чыкпай карап жатты, Аруужаз ага ыраазы болуп: "Эми кайра кудай кошуп койсо арамдык кылбайын, көзүнө тике карап сүйлөбөйүн, тынч кана балдарымды боорума кысып бактылуу жашаганга аракет кылайын кудайым", - деп ойлонуп жатты. Акберди бир күнү анда, бир мында болуп өзү дагы кыйналып кетти, бир күнү үйүнө келсе Гүлхан келип калыптыр, ал кийинки кездерде Акбердиге көз кыйыгын салып калчу болгон: "Эмне экен, ата-энеси өз ата-энемдей болуп калган, мени жерибейт болуш керек, канткенде Акбердини өзүмө каратып алам", - деген ойдо болуп жүргөн. Жаңылмырза төрттө, Бекарстан экиге чыгып калган, Акберди аларды мурункудай эле көтөрүп ала коюп өөп калды.

- Оо азаматтар, конокко келдиңерби? - деди күлүп.

- Ооба-а, биз конокко келдик.

- Азамат, Бекарстан сен дагы коок болосуңбу? - деп эңкейип өзүнө тартып өпмөк болгондо Гүлхан дагы эңкейип байкамаксан боло жаагына-жаагы тийишип кетти.

- Кечириңизчи, - деп ары боло берди.

- Эчтеке эмес, - деген Акберди андан келип мурдун өрдөй берген жыпар жыт анын эсин эңгиретип койду, өзүн кармай балдарды эркелеткени менен ушул ирээт ал ага көңүл буруп мурда көрбөгөндөй таңыркай кайра көзүн тартып алып жатты, мурун бир тууган инисинин аялы катары мамиле жасап анча маани деле берген эмес, муну Гүлхан түшүндү, эркекти кандай кылып өзүнө тартып алчу жолду билип алгандай ичинен кым дей түштү, эркектин алсыз жерин дароо сезди: "Демек сен бир нерсени сездиң, менин өзүңө жетсин үчүн кандай амал ойлоп табаарымды оюңа дагы албайт болушуң керек, селпилдеген аялыңа караганда алда канча акылдуу экенимди сен кийин түшүнөсүң", - деп жылмайып ары басып кетти. Ошондон баштап Акберди отурган жерге жандай өтүп, жыттуу атырдан себинип алып балдарын жетелеп жанына келип жакындай баштады. Акберди аны менен көп убактысын бирге өткөрүп кайра Аруужазга барганда андан атыр эмес чөптөрдүн бир башкача жыты, тер аралашкан ис келгенин байкачу болду, ал ооругандан бери өзүн карамак турсун жанынын аман калышын тилеп калган. Акберди көзүн көрүп туруп аны кыя албай бир күнү базарга барып аялдардын кымбат жакшы атырын алды да Аруужазга келди:

- Аруу, бир аз жакшы болуп калдың, баняга алып барып келейинби?

- Макул, өзүм дагы барсамбы деп турдум эле.

- Жүрү анда, кийинип чык, - деп сыртка чыкты: "Менин Арзуум дагы сулуу, мен аны сүйгөнүм үчүн сулуу, мындан ары аны мындай абалга түшүрбөшүм керек", - деп ойлонуп күтүп турганда Аруужаз үйдөн жасана кийинип чыкты эле көргөн көзүнө ишенбей карап калды, бир аз арыктаганы болбосо аны эки баланын энеси деп ойлогудай эмес эле, - Кана кеттикпи? - деп унаасынын эшигин ачты, - Отур, - деп отургандан кийин айдап жөнөдү, Каным карап туруп: "Мен эси жок бул экөөнү ажыратып кызымдын бактысына балта чаап кое жаздадым, эми экөө ушул бойдон ажырабаса экен", - деп ойлоду. Банядан чыккандан кийин жүзү албырып жанына келгенде атырдан сээп туруп кучактап алып унаасында көпкө отурду.

- Акы, мени кечирдиңби? - деди Аруужаз.

- Алда качан кечиргенмин, бирок моюнума ала албай же сени унута албай жүрдүм жаным, биздин сүйүүбүз түбөлүк экенин унутпа, - деп атырды колуна берди, - Ар дайым себинип өзүңдү мурдагыдай алып жүр, көңүлүңдү чөгөрбө жаным.

- Ыраазымын жаным, мени кечиргениңе ыраазымын, силерсиз мага жашоо супсак экен, мага балдарым менен сен болбосоң мен өлүп калам Акы...

- Жок-жок, сенин жаныңда болот, эч кабатыр болбо, ар дайым жаныңда болобуз жаным, - Кучакташып көпкө отуруп анан кайтышты, - Лечение качан бүтөт?

- Буйруса дагы он беш күн бар, андан кийин деле диетада бол, мен айткан гана тамакты ич, менин көзөмөлүмдө бол, болбосо өзүңө келе электе ооруну кайтарып аласың дейт табып.

- Айтканындай бол, жашоо керек алтыным.

- Ошентпесем болбойт, врач билбегенди билип ушунун айтканындай жасап араң сакайдым, балким аны табышпаса силерди көрбөй да калат белем, - деген Аруужаздын көз алдына Осман келди: "Аттиң, адамдын ички сырын билбей ишенип алганымды кара", - деп ойлонуп кетти.

- Баары артта калды, кабатыр болбо, - деп айтып үйгө бурулду, - Үйгө кетсек болбойбу Аруу?

- Табыптан сурайын.

- Аякка деле алып барабыз да.

- Айтып көрөйүн, - деп үйдүн жанында кайнатасынын унаасы турганын байкаган, көрсө Акмат менен Тоту келип ичте отурушкан экен, Гүлхан да келген.

- Балам абалың жакшыбы? - деди Акмат.

- Жакшы болуп калдыңбы айланайын? - Тоту келип өптү.

- Жакшы элемин, убара болупсуздар, - Аруужаз урмат көрсөтө сылык үн катты.

- Ошонун убарасы бар бекен балам, сен өзүбүздүн бүлөөбүзсүң.

- Ананчы, неберелерибиз турганда сен биздин үй-бүлөөнүн бир бөлүгүсүң.

- Жакшы болуп калдыңбы жеңе? - Гүлхан өбүшө учурашты. Аркы-беркини айтып көпкө отуруп Канымдын жасаган тамагын ичип анан кайтышты, ошондон көп өтпөй эле Гүлханга Акмат үй алып берип өзүнчө бөлүп койду, аларга Акберди жардам берип мебелдерин киши жалдап киргизип айтор бир-эки күн алар менен алек болуп калды. Түшкү тамак жасаган Гүлхан көкүрөгү ачык халат кийип алып ага тамак куюп, улам анын жанынан жыты буркураган атырдын жыты келип анын көкүрөгүн карай салат, көзүн тартып алса кайра эрксиз көзүнө урунуп тамагын ичип бүтпөй туруп кетти.

- Ичпедиңиз го? - деди Гүлхан, анын көкүрөгүнөн төшү булайып көрүнүп турган эле, бурула берип көзү көкүрөгүнө уруна түшүп башка жакты карап:

- Ичтим, мен кетейин, - деди араң зорго.

- Эми кеч болуп калды, балдардын жанына жатып алыңыз, - деп Гүлхан анын абалын билип туруп күлкүсүн зорго тыйып ага айткан болду, - Өз балдарыңыздай го?

- Жок, жакшы жаткыла, Арууга дагы бара албай калдым, - деп шарт чыгып кетти: "Акыры колго түшөсүң, кайда бармак элең", - деп Гүлхан кымылдай жылмайып алды, Акберди унаасына отуруп алып көпкө ойлонду: "Ээх Мырза, неге өлүмгө баш ийдиң, жашооңду жеңилдетип жетиммин деп кейибесин деп өз боорума тарттым эле го, бу дүнүйөлүк тууганым кылып өмүр бою сыйлап алайын дебедим беле, неге сырыңды, ооруңду айтпадың", - деп ойлонуп көзүнө жаш алып эмелеги Гүлхандын ап-пак болгон төшүнүн эки алмадай болуп көз алдында булайганы эсине келди: "Аялдар ай, эптеп азгыргысы келет го, балким жаш дене бир нерсени самап жаткандыр, ал деле жан го, жо-ок андайды башка эркектен издесин, мен бир боорумдун аялынын койнуна кире албайм, төшөгүн баса албайм", - деп унаасын катуу басып ордунан жылдырды. Бирок ал баары бир эркектик лапсисин тыя албасын билбеди, көп өтпөй Аруужазды үйүнө алып келди, түлөө өткөрүшүп анын абалына жараша тамак берип, табыптын айтканын аткарып жатышты. Арадан бир жылдай өткөндө гана табып ага:

- Эми тамырың тазаланды, бирок дагы да көп аралашпа, аз-аздап жаңы эттен кайнатма шорпо ичип тур, камыр тамак жебе, күрүчтүн суусун ич, - деди.

- Рахмат айланайын, ылайым колуң дарт көрбөсүн, - деп Тоту узатып койду, - Деги өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы балам? - деди анан Аруужазга бурулуп.

- Жакшы элемин апа.

- Ошент айланайын, болоор болбостон өзүңөр таарынышып кеттиңер, эми тынч жакшы жашагыла, балдар томсорбосун садага.

- Рахмат апа, ошондой болуп кетти, - деген Аруужаз: "Аттиң, сени эми бир көрсөм уу берип өлтүрөт элем, дини башка, дили башкалар баары бир жакшылык кылбайт экен го, кандай дары берди экен", - деп ойлонуп бир жолкусун көз алдына келтирип алды: Ошол күнү Осман экөө түшкү тамакты ичкен эле, анан эле экөө төшөккө жатканда башка бирөө болуп калды, бирок өзүнүн каалоосу анын Османбы же башкабы ага көңүл бурбай эле ээлигип ал адамдын каалаганын аткарып жатты, көзүн жумуп жиберди, кудай бетин ары кылсын, ойго келбегендей иштерди аткарып жатты, ошол бойдон уктаганын да билбейт, көзүн ачса алсырап калыптыр, жанында ары карап кийимчен Осман жатыптыр, өзү энеден туума эле.

- Сен качан кийиндиң, - деп аны артынан кучактап алып сурады.

- Мен эбак ойгонгонмун, - деп ал туруп кетти.

- Аябай кыйналып калыптырмын, - Аруужаз бүткөн бою оорлошуп зорго кийинди, Осман дагы ага анча көңүл бурбай акырын жүзүнөн өөп чыгып кетти. Ошондо ал өзүнө эмне дары бергенин, кантип ичиргенин байкабаптыр, болгону ага ишеничи күч эле, күйөөсү терс бурулуп кетип, балдарын көрсөткүсү келбей койгонго ызаланып ал өзүнүн кандай абалда калаарын ойлогон да эмес. Эми ойлосо адамдардын колунан баары келет тура, анын сулуулугун, баелугун пайдаланып, анан дагы акча менен акча табууну көздөгөнү анын оюна да келбептир: "Көрсө ал өзүнө бергендерин эки-үч эселеп таап жүргөн экен да", - деп ойлонуп алды. Эми күйөөсүнөн башка эркекке карабаска ант берип тажабайт, көңүлүнө көк чайдай тийген азаптуу күндөрүн эстеп селт этип алды, аны карап жанында отурган Тоту анын ыргып кеткенин көрүп:

- Аруужаз, эмне түш көрдүңбү, чоочуп кеттиң, - деди чекесин кармап көрүп.

- Көзүм илинип кетиптир, - деп дагы калп айтты, көзүн жумуп эле жаткан.

- Оорунун кээри го балам, баары артта калды шүгүр, - деп үстүн кымтылап коюп бөлмөдөн чыкты, ал чынында кийинчерээк Акбердини кайра жарашпай эле койсо деп жүргөн, кээ бир мүнөздөрүнөн улам андан ирээнжий түшкөн эле. Бирок баласынын андан көңүлү калбай жүгүрө баштаганын көрүп унчукпай калган эле: "Жалгызымдын сүйүп алган жары, балдары турат, бактысын берсинчи", - деген ойдо болгон. Аруужаз деле күнөөлүүдөй болуп жүрдү, бара-бара жумушка жарап калды, бирок алардын кызматчысы болгондуктан ал иш деле кылбайт, балдары менен бакчада сейилдейт, Акберди айткандай өзүн каранып күзгүдө отуруп жасанып, башка кылаар иши деле жок. Бир күнү түндөсү Акбердинин телефону чырылдап калды, ала койсо Гүлхан экен.

- Эмне болду Гүлхан, тынч элесиңерби? - деди да башка сүйлөбөй ордунан туруп кетип бара жатканда:

- Акы, кайда барасың, Гүлхан эмнеге чакырды? - деди Аруужаз.

- Бекарстан ооруп калыптыр, мен бары ооруканага алып барайын.

- Мен дагы барайынбы?

- Жок, сен өзүң зорго сакайып келе жатасың, жатып уктай бер, - деди да чыгып кетти, Аруужаз бир нерсе дегенден тартынып тим болду: "Ал албарсты дагы биздин ортобузга турбаса болду, деги арам ою болбосо болду", - деп жатып калды, бирок адамдын жүрөгү бир нерсени сезет эмеспи, сезди үн дей албады, аргасы жок күткөндөн башка айла жок экенин билип туруп унчукпады. Акберди жетип барганда Гүлхан ич көйнөкчөн эшик ачты.

- Кандай, бала жакшыбы? - деди кирип эле.

- Жакшы, дары бердим эле уктап калды.

- Врачка алып баралыбы? - деп балдардын бөлмөсүнө кирди, анын артынан кирген Гүлхан:

- Эс алып калды, бир аз карап көрсөмбү дейм, - деди да эңкейип уулун кымтылады, ал эңкейгенде төшү бүт көрүнүп калды, аппак болуп торсойгон эмчектери али кыздыкындай көрүнүп Акберди башын чулгуй бурулду: "Мен эмне болуп жатам, аялым турбайбы, сулуу десе сулуу, дал ушундай мүчөсүндө кемтик жок", - деп ойлоп ары караган бойдон:

- Анда мен кете берейин, эртең менен телефон чалам, - деди.

- Кетпей тура туруңузчу корком, - деп келин артынан кучактап калды, жыты буруксуп жаңы эле жуунуп чыгып себингендей, - Мен сизди жакшы көрөм, жок дебеңизчи...

- Гүлхан, кое бер мени, Мырзанын арбагынын алдында күнөөлүү болгум келбейт.

- Мен деле адаммын го, менин дагы жүрөгүм бар.

- Ошондо дагы болбойт! - деп анын колдорун бошотуп чыгып кетээрде кайра кучактап калды, - Гүлхан, эсиң менен болсоңчу.

- Мен сизди сүйөм! - деп өзү жүзүнөн сүйдү да оозуна жармашты, Акберди аны кага албай башы тумандап көзүн жумуп келинди бекем кучактаган бойдон көпкө өбүштү, келин ушул учурдан пайдаланып чечиндире баштады. Ошентип ошол күнү алар бир төшөктө болушту, таң атпай кайра үйүнө келди, Аруужаз уктап жаткан, босогодо аны карап көпкө турду да: "Мени кечир Аруум, мен сени жазгырдым", - деп жуунчу бөлмөгө кирип көпкө жуунду да кайра келип ойготуп албайын деп четке жатып калды, көз алдында периштедей келин, жумуру билектери, эки алмасы, узун чачтары келип кайрадан көргүсү келип кетти.

Ошол убакта ойгонуп кеткен Аруужаз:

- Качан келдиң? - деп кучактап алды.

- Качан эле келгенмин, сени ойготпоюн деп эле...

- Жакшыбы Бекарстан.

- Ооба, ооруканага алып барып келдик.

- Суук тийиптирби?

- Ошондой го, укол салгандан кийин алып келдик, - деп көзүн ала качып жатты.

- Кеч чакырбай күндүзү байкаганда чакырса болмок, - Аруужаз дагы Акбердинин ачуусуна тийип алуудан коркуп кызганычын ачык айта албай ал өзүнчө бушайман, Акберди өзүнчө: "Туура болбоду, анын жаман ою бар тура, экинчи барбайм, атамдарга айтып жиберип ийем, ак никеме кара санаганым, балдарымды танганым эмеспи", - деп кыжаалат болуп жатты. Убакыт деген кол менен кармачудай буюм эмес, адам баласынын алтындай убактысын билинбей уурдап күн өтө берет эмеспи, адам деген улам бир нерсени максат кылып алып ошого жетүүгө далбастап таң аткандан күн батканча түйшүктөнүп жүрүп өзүнүн жаштыгы, алтын өмүрү өтүп жатканын сезбей да калат. Качан жаш өмүрү өткөн чакта өкүнүп санын чаап кала берет, өмүрдүн гүлүн курагында ойноп күлгөндөр да бар, алар үчүн байлыктын күчү өмүрдөн күчтүүлүк кыла тургандай сезилет, өзүнөн башканы акчага сатып алчудай керсейип өзүн кудайдай сезет. Акбердинин жүрөгү экиге бөлүнгөндөй эле болду, Гүлхандын үйүн көздөй өзүнөн-өзү буту шилтенип унаасын айдап жетип барганын да сезбей калчу болду, ал барганда ал дагы жаркылдай тозуп алып жыпар жыттуу моокум кандырган атыры буркурап ак билектерин мойнуна ороочу болду:

- Келдиңизби, сизди сагынып кеттим.

- Мен дагы, - Экөө эстен тана кучакташып өбүшүп кирет, андан соң Гүлхан анын алдына даамдуу тамагын коюп наздана көздөрүн сүзөт.

- Алыңыз, сиз үчүн атайын жасадым.

- Рахмат.

- Акы ата, кетпей эле коюңузчу, - деди ошондо Жаңылмырза.

- Эмнеге кызым, Бакайчик менен Акайчик күтүп калат да.

- А биздин атабыз өлүп калбадыбы, - деди Жаңылмырза улутуна.

- Жакин, мына Акы атаң деле силердин атаңар да, туурабы атасы? - деп Гүлхан жымыйып көзүн сүзө Акбердини караганда анын жүрөгү тыз этип алды.

- Ооба-ооба кызым, мен дагы силердин атаңармын, чоң атаңарга барып турсаңар боло, - деди башынан сылай.

- Апам бизди чоң атама жибербей жатат, - деди Жаңылмырза.

- Чоң атамды мен чакчы көйөм да, - деди Бекарстан.

- Азамат, мына атасынын баласы, - Акберди аны өөп алдына алды, - Мен силерди үйгө алып кетем уулум, - Өпкүлөп анан ордуна отургузду.

- Сиз ушул экөөнө аталык милдетин аткара аласызбы?

- Албетте, Мырзаны өз бооруна тартып бир тууган кылып алганмын, анын минтип өлүп калаарын билбедим, эми Жаңылмырза менен Бекарстандын атасы катары кам көрө алам.

- Мен сизди жакшы көрөм Акы ата, - деди бей күнөө наристе кыз ага эркелей.

- Мен теле чакчы көйөм ээ Акы ата? - деп Бекарстан ага жабышты.

- Мен дагы силерди жакшы көрөм, - деп экөөнү эки жагына алды.

- Апамдычы, апамды дагы жакшы көрөсүзбү? - деди Жаңылмырза күтүлбөгөн жерден, - Акберди Гүлханды карады, экөө бири-бирин карап калды, - Акы ата дейм, апамды дагы жакшы көрөсүзбү дейм? - деп жеңинен тарткылады.

- Кызым, атаңа антип айткан болбойт да, атаң баарыбызды жакшы көрөт, - деди күлө Гүлхан, Акберди үн деген жок, Бекарстанды кучактап эркелеткен болуп отуруп калды, кеч кирип балдарын уктаткандан кийин экөө төшөккө кулады, эки-үч саат кумардан чыгып бүткөндөн кийин кетмек болду.

- Мен барайын, - деди терең дем ала Акберди.

- Аттиң бир өзүмдүкү болгонуңузда го...

- Гүлү, этият болуубуз керек, атамдар укса экөөбүзгө тең уят.

- Билем, бирок сезим деген эч нерсеге баш ийбейт экен да.

- Сезимди уят менен жаап салууга болот.

- Мен анте албайм, балдар дагы сизди сурай берет, алар башынан сизге жакын эмеспи.

- Ал туура, ал жагынан кам санаба, жакшы кал, - деп жөнөй берди, ошентип жалган жашоонун өкүндүргөн да, кубандырган да мүнөттөрү саатка, анан күнгө, ай-жылга алмаша берди, Аруужаз бир нерседен шекигени менен кынтык таба албай кыжаалат, Акмат дагы Акбердиге айтып Гүлханга тез-тез барып каралашып тур деп табыштайт. Ан сайын Аруужаз ичинен бүкү-түкү боло берет. Акыры алардын мамилеси билинди баарына, Аруужаз дагы ыйлап-сыктап таарынып кайра жазылган кезде Аруужазды Америкадан кое берген адам телефон чалып калды. Тоту телефонду алып эле келинине карады:

- Сени Америкадан келген бирөө чакырып жатат, - деди ал.

- Ким болду экен? - деп ала койду, - Аа-а салам, жакшы-жакшы, балдар чоңоюп жатышат, өзүңүз кандайсыз, ооба күйөөм экөөбүз барабыз, - деп телефонду койду.

- Ким эле ал? - деди Тоту жактыра бербей.

- Ал бир компаниянын ээси апа, жетим балдарга жардам берет экен, - деди Аруужаз.

- Ага эмне жардам алуу үчүн барат белең?

- Жо-ок, Акы дагы ошондой иш алып барсамбы деп жаткан, пикир алышат го?

- Качантан бери? - Тоту таңгала карады.

- Көп болду, болгону тажрыйба алат го?

- Өзүңөр билесиңер да, - деп Тоту унчукпай калды, бирок ичинен келининен күмөн санап турду: "Бул Америкалык менен кайдан таанышып жүрөт, ажырашмак болуп жүргөндө таанышса керек, балама кара санаган немени мен кууп чыгамын, муну кара бир жиги билинсинчи", - деп жинденип алды. Акбердиге кечинде келгенде айтмак болуп Аруужаз күтүп жатты, бирок ал кечигип жатты: "Акмак, Гүлханга барып бетин тытып келбесемби, көрсөтөмүн ага кайнаганын ойношу болгонду", - деп жинденип телефон чалды эле ал алды:

- Эмне болду Аруу? - бул жумшак үн аны жоошутту.

- Акы, эмнеге кечиктиң, же-е...

- Азыр барам жаны, жатып эс ала бер, - деп өчүрүп койду, ал Гүлхан менен жаткан эле.

- Эмне сени сагыныптырбы? - деди Гүлхан, - Эгерде жакшылыкча сүйлөшсөк экөөбүзгө жетет элең го, сендей эркекке эки аял аздык кылат, - Бекем кучактап алды, - Кетиргим келбейт.

- Сен ошондой деп ойлойсуңбу?

- Ооба, башка улуттун эркектерине кор болгончо өзүбүздүн жигит эмессиңби?

- Бул сөзүңө кандай түшүнсө болот?

- Күйөөсүнө болоор болбоско таарынып алып чет элдиктерге азгырылып анан запкы жегендер канча? - дейт ойлуу.

- Кимдер мисалы?

- Эми аны айтуунун кандай кажети бар?

- Бирдеме билесиң го?

- Бир аз...

- Айтсаң эми.

- Кетем дебедиң беле, жеңем жинденип жаткандыр?

- Макул, мен кетейин, барбасам анын жини келет, - деп кийинип алып жөнөдү, ошол аралыкта Гүлхандын боюна болуп калып эч кимге айтпай алдырмак болуп бир акушеркага сүйлөшүп анан алдырды, кан токтобой айласы кеткен акушерка ага:

- Туугандарыңызга айтпасак болбойт корком, - деди.

- Өзүм дагы корком, телефонду карачы, Акы дегенге чалсаңыз.

- Жарайт, - деген акушерка чалып даректи айткандан саат өтпөй Акберди келип калды, Гүлхандын өңү бозоруп араң жаткан.

- Эмне болду? - деди акушеркага.

- Аборт...

- Эмне, кандай аборт?

- Ошол, өзү жалдырап келген, анан мен макул болгонмун...

- Канча айлык экен?

- Эки ай...

- Эмне жардам бере алам?

- Кан берүү керек.

- Менин каным туура келбесечи?

- Сатып алууңузга болот.

- Анда төлөйм, канча болсо дагы бергиле, - деди Акберди, анан алсыз жаткан Гүлхандын чекесин басып көрдү, - Эмнеге мага айтпадың, кокус болсоң эмне болот? - деп кейип отурду, врачтар арыдан бери кан куюшту, ошентип ал аман калды, Тоту угуп алып аны тилдеди.

- Мен сени урушпайт элем го, кудай берген балада эмне күнөө?

- Апа уялдым.

- Уят деп, ошол ишке баргандан уялбай төрөгөндөн уяласыңбы?

- Эмне кылаарымды билбей калдым.

- Эч кандай тартынба, Акы экөөңөргө нике кыйып коебуз, баарын өзүм бүтүрөм, сен мен айткандай иште, - деп кетти. Ал келип күйөөсүнө ачык айтты, Аруужазга дагы айтып көндүрдү, ошондогу ызасын айтпа, кайненесине унчукпаганы менен Гүлханга телефон чалып аны жолугууга чакырды, экөө бир жайкы пивоканада жолугушту, алдыларында шашлык менен бирден пиво:

- Гүлхан, ушуга кантип бардың? - деди Аруужаз, - Сен өзүңдүн бактыңды менин ыйымдан кургуң келеби?

- Анан мен кайдагы бир түрктү издешип керек беле? - Гүлхан аны тике карады.

- Мунуңа кандай түшүнсө болот? - Аруужаз аны таңгалгандай карады.

- Эң жакшы түшүнүп турсаңыз дагы актангыңыз келип турат.

- Жап оозуңду, сен мени калп каралап Акбердиге жагынганы турасыңбы?

- Жо-ок, мен чындыкты гана айта алам, менин курсташым сизди Түркияда көргөнүн айткан, болгондо дагы аялдарды сатып иштеген "сутенер" менен.

- Ка-алп! - Аруужаз ордунан тура калды, - Карандай жалаа бул!

- Жалаа болсо эмнеге күйүп бышып жатасыз?

- Күйгөнүм жок, жалган ушакка жиним келди, - Аруужаз кайра отурду.

- Демек калп деңизчи?

- Албетте калп.

- А бул кандайча... - Гүлхан ага Осман менен турган сүрөттү көргөздү, - Бул ошол Түркиядан тартылган сүрөт, - Болоор-болбос жылмайды, - Чындык ошондой ачуу болоорун билген жок белеңиз?

- Сен менин артымдан аңдуу жөнөткөнсүң го, бирөөнүн байлыгынан пайдаланып.

- Өзүмдүкү дагы жетишет, ата-энем жолдо калган адамдар эмес, каалаганча ала алам, анан дагы жөнөкөй жумушта эмес экенимди билесиз, жогорку билимим бар, врачмын, - деди сүрөттү кайра сумкасына салып, - Экөөбүздүн талашыбызды ушул чечет.

- Эмне дегени турасың?

- Акбердинин мага никелешүүсүнө каршылык кылбайсыз, ал тургай өзүңүз бирге келип бизге каалоо айтасыз, болбосо Америкага сатылып барганыңызды, келгенден кийин Осман менен бул жердеги шоуңарды көрсөтөмүн, - дегенде Аруужаз үнсүз бозоруп отурду да ошол бойдон туруп басып кетти, ал кеткенден кийин, ары жакта отурган Жайна анын жанына келип отурду.

- Эмне, сөзгө келдиби?

- Сенин артың менен ооз ачууга дарманы келбей калды.

- Кызык ай, мен сени бул кызды таанырыңды билбей эле кыргыз кызынын бүгүнкү жана эртеңки тагдыры деп гезитке жазсамбы дегенмин, - деди Жайна.

- Гезитиңе башкаларды жаза бер, биздин үй-бүлөөнүн аброюн түшүрөт дагы Акбердиге катуу тиет, - деди Гүлхан ойлуу, - Мунун сыры менин бир максатыма жетүүмө чоң көмөгү тиет.

- Гүлхан, сага түшүнбөйм, иштеген ишиң бар, кайнаталарың каралашып турат, балдарың багылуу, баары бар, артыңдан жүгүрүп балдарың бир экенине карабай жүгүргөндөр бар, анан аялы бар немени эмне кыласың?

- Жайна, анда менин ала турган өчүм бар, - деди Гүлхан, ал ушул азыр: "Эмнеге жолдо жүргөн жетимди өз баласынан артык бооруна тартат, бул үйдүн ханышадай жалгыз келини менмин, аларды насибибизди бөлө тарттырып тайраңдатканына жиним келет", - дегени кулагына угулуп кетти, - Аны ханышадай жалгыз кылбай мен бирге боломун! - деп муштумун түйдү.

- Ошончолук эле көкүрөгүңө көк чайдай тийгенби?

- Айтпа, эгерде мен ушуну иштебесем өлгөндө дагы оодарыла турган болом.

- Кудай ай, деги жакшынакай эле келин экен, ошончолук адамгерчилиги жок немеби?

- Жез тумшуктай бычагы жеңинде...

- Шумдук, - деп тамшанып койду Жайна, экөө андан кийин дагы көпкө сүйлөшүп отурушту, анан эки бөлүнүштү...

Майрам балдарынын бактылуу энеси болгонуна ыраазы, башынан өткөн окуялар анын экинчи жолу жаза басуусуна жол берген жок, ал күйөөсүнүн көтөрүмдүүлүгүнө, өзүнүн көңүлүн табууга аракеттенгени жүрөгүн жибитип көңүлүн көтөрдү, мурункудан дагы сыйлап балдарын өз балдарындай мээрим төгүп карап багат. Жасминди мектепти бүтөөрү менен университетке киргизип койгон, бирок ал бой жеткени мүнөзү өзгөрүп бара жатты, анысын Данагүл байкап акырын гана жымыйып тим болду. Жигиттер менен жолугуп үйгө кеч келгенде Майрамдыкына келет, үйүндө көп болбойт, Акылай анын жүрүшүнөн чоочулап бир күнү минтти:

- Кызым, атасы жок дедиртип адебиңди жоготпо, үй-бүлөөбүздүн намысына шек келтирип уулумдун арбагын ара жолдо кыйнаба кызым.

- Чоң эне, жөн эле сүйлөй бересизби, жакшы эле жүрөм, сабактан кол бошобойт.

- Ошент балам, биздин үй-бүлөө бир топтоп абройлуу турат, кир келтирбе кызым.

- Жаман ойлобоңуз, мен баарын билем, - деп Жасмин чоң энесине эркелеп тизээсине башын койду, - Баарынан дагы атамдын арбагына...

- Секелегим десе, сени капа кылып алдымбы эркем? - деп Акылай небересинин чачын сылап жыттады, Жасмин ошол учурда Мурат менен сүйлөшүп жүргөн, бирок ал аны өтө эле эрке, каалаганын жасаган кыз экенин билгенден кийин жолуккусу келбей калган. Негедир ал үй-бүлөөсүнүн жетишпестикке кайрадан туш болгонунан улам ойлуу болуп кеткен. Каным менен Болотбек Аруужазды дарылатып товарларынын калганы менен кайрадан баштаган эле. Мураттан кийинки Жанаты дагы он биринчини бүттү, Кайрат ондо окуйт. Ата-эне балдарынын үйлөнөөр маалы болуп калгандыктан сары санаа болуп эптеп Аруужаз алып берген контейнерди арендагы берип, өздөрү жөнөкөй жолдо отуруп соода кыла баштаган. Мурат аларга жардам берип товар ташып жүк көтөрүп иштей баштады, Жасминди сүйөт, бирок анын ата-энеси бардар экенин билгенден кийин ага жолукпай калды. Анын келбей, телефон чалса албаганына кыжыры келип: "Мурат, менин сүйүүм сен үчүн эч нерсеге арзыбайбы, эмнеге телефонуңду албайсың", - деп СМС жазып жиберди. Ага дагы жооп болбоду, Жасмин ыйлап өзүн-өзү коерго жер таппай жинденип улам телефон карай бергенинен Данагүл байкап:

- Сага эмне болгон, телефондун күнөөсү кайсы? - деди күлүп.

- Эмне дейсиз? - Жасмин жеңесин түшүнбөй карады.

- Кечке эле байкуш телефонду сөгүп жатасың го? - деди Данагүл.

- Аа-а, - Жасмин жарк этип күлүп жиберди, - Бирөөнү сөгүп жатам жеңе.

- Ким ал, сени ошончолук жинденткен?

- Бирөө жеңе бирөө, - деди да үйгө кирип кетти.

- Шүмшүк, апасынан бетер митаам, - деп жини келип калды, Жасмин жеңесин жаман көрчү, мурдун чүйрүп эле сөз аңдый берчү адатын жактырчу эмес. Жинденип үйгө кирген небересин көргөн Акылай.

- Эмне болду кызым? - деди.

- Тетиги жеңем эле, телефон менен да сүйлөштүрбөйт, - деди Жасмин мурчуңдай.

- Эмне деди?

- Ким ал, эмне болду, жигитиңе чалып жатасыңбы дей берет.

- Мейли балам, улуу киши сурайт да, анын үстүнө жеңең эмеспи, жеңе деген кайынсиңдисин кайтарат, - деди Акылай күлүп.

- Эмнеге кайтармак эле?

- Кызды жеңе кайтарып күйөөгө чыкканда жооп берет, жакшы жүрсө сый көрөт, кыз таза болбой калса уят болот, ошону үчүн жеңе да, - Күлүп койду.

- Эмне үчүн чоң эне?

- Ошондой, кыздын бараар жерине таза барганы ата-эне, төркүндөрү үчүн чоң намыс, кыз булганып калган болсо өтө уят, күйөө төркүндөрүнө жеткирип берет, кээ бир күйөөлөр атайын кара өзгөйлүк кылгандары дагы болгон кызым, кыргыз кызынын тагдыры ошондой эле, азыр кыз-келини билинбей эле кудай уруп жатпайбы.

- Кызык экен, байкуш кыздар эркин жүрө албаптыр да.

- Эркиндик дегенди азыркылар такыр башкача түшүнүп жатпайбы.

- Кандайча?

- Эркиндик деген биротоло эле ата-энени, улууну укпай өз каалаганын жасоо эмес, кыз уяттуу болбосо эли сыйлуу болбойт кызым.

- Ой тобо-о, анда эмне үйдөн чыкпаш керекпи?

- Чыкса дагы эби менен, эртеңкисин ойлоп жүргөн жакшы.

- Макул чоң эне, бул сөзүңүз эсимде болот, - деп чоң энесин өөп өз бөлмөсүнө кирип кайра чыкты, - Мен бүгүн апамдыкында болом чоң эне.

- Бара гой кызым.

- Пока, - деп коюп чыгып кетти, ал жолдо келе жатып дагы Муратка: "Бир жолук, сөз бар", - деп СМС жөнөттү. Андан: "Кайдан", - деген жооп келди эле сүйүнүп кетип: "Баягы жерден", - деп жөнөп калды. Мураттын келээрин билген кыз жүрөгү дилдирей учуп бара жатты, анын жүзүндө кубаныч уялап өзүн бактылуу сезип бара жатат: "Ал мени сүйөт, чындап сүйөт, эмнеге таарынды экен, кызык мен таарынсам болмок, ал эмнеге таарынат", - деп кетип бара жатты. Маршрутка күткүсү келбей даректи айтып таксиге отуруп бат эле келип калды, Мурат өтө кеч келди, кыз дирилдей жетип барды:

- Мурат! - Жетип кучактап калды.

- Кандайсың Жасмин?

- Жакшы, Мурат эмнеге менден качтың? - Ыйламсырай суроо узатты.

- Жасмин, жай сүйлөшөлүчү ээ?

- Эмнеге, эмнеге? Мени сен сүйбөйсүңбү?

- Маселе анда эмес Жасмин.

- Анан эмнеде? - Кыз тыбырчылап ийди, - Биз бири-бирибизди сүйөбүз го?

- Жасмин, мен балким сага тең эместирмин?

- Эмне? Бул эмне деген сөз?

- Менин ата-энем бечаралар, колубузда жок...

- Анын кандай тиешеси бар? - Кыз жигитин суроолуу карады.

- Эң сонун тиешеси бар, сенин чоң атаңдар кабыл албасачы, мага сени бербесечи?

- Сен ошентип ойлойсуңбу?

- Дал ошондой болот.

- Андай болушуна мен жол бербейм Мурат.

- Баары биз ойлогондой болбойт Жасмин, - Экөө ары тартышып, бери тартышып жатып бир пикирге келе алышпады, ар кимиси өзүнүкүн туура деп ойлойт.

- Анда мени азыр алып кет, - деди Жасмин, Мурат таңгала карады.

- Эмнеге?

- Мен каалаганыма баруум керек, мени чоң атам башкага бергени жатат, - деп калп айта салды, - Азыр алып кетпесең анда мени сүйгөнүң жалган!

- Жасмин!

- Бүгүн азыр алып кетпесең экинчи мени көрбөйсүң.

- Жасмин, мени түшүнчү.

- Мен айттым, каалабасаң кеттим! - деп басып жөнөдү, Мурат эмне кылаарын билбей туруп калды, кыз узап бара жатты.

- Жасмин!

- Мени токтот Мурат, - Артыны карабай айтты.

- Токтосоң Жасмин.

- Жок, бул болбойт, - Кете берди.

- Жасмин! - деп Мурат жетип келди, - Токто сүйлөшөлү, - Алдын тосту.

- Айт батыраак, - Токтобой баса берди, Мурат арты менен бара жатат.

- Мен ата-энем менен сүйлөшүүм керек, бүгүн сүйлөшөйүн, мени укчу Жасмин.

- Чын айтасыңбы? - Кыз жаадырай карады, көздөрү эликтикиндей күйүп Муратты теше тиктеп турган, жигит жалтаңдай карады.

- Ооба, анан дагы камынуубуз керек.

- Жа-арайт! - деп алаканын чаап алып кучактап калды, - Мурат мени сүйөсүң ээ?

- Ооба, мен сени сүйөм Жасмин, сенин ата-энеңден корком.

- Алардан коркпо-о! - Жасмин анын мурдунун үстүн сөөмөйү менен басты, - Алар деле адам дорогой!

- Билем дечи, тоготпой койсочу?

- Жетет, бүгүн сүйлөшүп мага жообун айтпасаң мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм.

- Ал эмне дегениң Жасмин, мен атамдарды көндүрүүм керек анан...

- Эмне анан?

- Алар камынганча...

- А сен камынтпа, мени ала качып кет, чоң атамдарга өзүм жооп берем, - Жасмин ойноок баладай күлүп койду, ошентип экөө эки бөлүнүштү, Мураттын жүрөгү түрсүл кагып үйүнө кирээрде босогодо көпкө турду: "Колдо жок болсо кантип үйлөнтөбүз, азыр кое тур дешип койсо Жасминге эмне деп айтам", - деп ойлонуп эшик ачылып атасы чыга калды.

- Келдиңби балам?

- Ооба ата.

- Жакшы, үйгө кир, - деп ары басып кетти, Мурат кирсе эки иниси, апасы болуп отурушуптур, келип ал дагы отуруп калды, улам тамагын жасап коюп бирдеме дегиси келгени менен айта албай жатты, бир аздан кийин тамак ичишти, Мурат улам атасын, бир апасын карап оозун таптап келип эле туруп калат: "Мага жообун айтпасаң өзүмдү-өзүм өлтүрөм", - деген кыздын үнү кулагына жаңырып кетти:

- Ата, - деди анан, - Мен үйлөнсөм болобу?

- Ыя?! - Каным чоочуп кетти, - Үйлөнөм дейби?

- Эмне болбойбу? - Мурат кайра атасын карады.

- Болот балам, бирок үйлөнүш үчүн иштешиң керек.

- Иштеп жатам го?

- Ал аз, - деди Болотбек ойлуу, - Катын алсаң отун, бир кучагын ашык ал деген, сен али отун ала элексиң балам, - Күлө карап уулун далыга таптады, - Туурабы апасы?

- Ошо да, эчтекебиз жок туруп келин алабыз десек туугандарың чалкасынан кетээр, ал тургай келишпейт дагы.

- Мен үйлөнбөсөм ал кыз өлүп калат, - деди Мурат башын жерге салып.

- Эмнеге кокуй? - Каным көзүн чоң ача тилин бултуйта күйөөсүн карады.

- Ошо, өлөм дейт.

- Бир балээң бар го чечек анда?

- Эчтеке деле жок, бирок үйлөнүшүм керек, - деп кесе айтты Мурат, жанагыдан ал чечкиндүү сүйлөдү. Ары кетип, бери кетип жатып Болотбек уулун үйлөнтмөк болду, ал баягыдан бери өзүнчө акча жыйнап жүргөн эле, Аруужаз ооруп калганда аздап катып калган, андан кийин дагы чогултканы бир топ бар, күндө кошкон акчасын жазып коет. Каным чырылдады:

- Азыр деген такыр башка болуп калган, биздей бечарасы деле, чириген байы деле кафе, ресторандан өткөрүп калган, ага олчойгон акча керек, аны кайдан табабыз, кийит-кечени кантебиз?

- Аны кое тур, - деди бир кезде Болотбек, - Кыздын ата-энеси барбы, кайдан болот экен билесиңби?

- Ооба, Таластан болот, өзүнүн атасы өлүп калыптыр, чоң атасынын колунда өсүптүр, апасы күйөөгө тийип кетиптир, бирок барып турат экен.

- Кандай жер экенин билдиңби?

- Колунда бар адамдар кыскасы.

- Анда мындай балам, алып келе бер, көнбөй кайда бармак эле, - деди Болотбек.

- Болот, сен баланы эмнеге кое тур дебей көкүтүп жатасың ыя?

- Болчу иштин тезирээк эле болгону дурус эмеспи, баары бир үйлөнтүү милдетибиз да.

- Ошондо деле ойлонуп иш кылыш керек да.

- Унчукпа, - деп Болотбек уулун карады, - Качан алып келесиң?

- Сиздер айткан күнү.

- Анда мындай, эки жумадан кийин алып келе бер.

- Чын элеби ата? - Мурат кубанычтуу карады.

- Сүйлөштүк уулум.

- Рахмат ата, - Мурат кубана туруп жатчу ордуна жатып калды, Каным кыжаалат болуп отуруп:

- Өз билгениңди кое бербейсиң, эл катары кыла албасак же...

- Кам санаба кемпир, менин бир оюм бар...

- Кандай ой экен ал, куру кыялдан эмне чыкмак эле? - Каным күйөөсүн жактырбагандай карады, алар унчугушпай жатып калды, айткандай эле эки күндөн кийин Канымга бир топ акча берди, аны менен үйдү даярдоо керектигин айтты, анан бир күнгө болжолдоп ини карындашы менен туугандарын, кайын журтун чакырып келинди күтүп калышты. Мурат туугандарынын унаасы менен үч-төрт жигит болуп барып жолукчу жерге өзү жетип Жасминди ээрчитип келди.

- Мурат бул эмне? - деди секелек кыз таңгала.

- Эмне болмок эле, сени алып кетем.

- Эмне дейсиң мениби? - Кыз боюн ала качты.

- Сага эмне болду, алып кет дебедиң беле?

- Корком, Мурат сен эмне болуп жатасың?

- Жасмин, жай сүйлөшөлүчү ээ? - деп бир жерге отурушту.

- Кана, эми айтчы, эмне дегени турасың? - Кыз көздөрүн жайната карады.

- Мен сени ала качамын, сен ушуну кааладың беле?

- Мурат.

- Кеттик! - Колунан алып жөнөдү, бул жолу Жасмин үндөбөдү, күлүп бара жатат.

- Мурат, чын айтып жатасыңбы?

- Ооба, азыр унаага отурабыз.

- Макул, мен бирөөгө чалып алайын.

- Кимге?

- Жеңеме.

- Азыр кое тур Жасмин, үйгө барып жайгашкандан кийин айтасың, - деди Мурат, Жасмин унчукпады, аңгыча унаага жеткенде үч төрт жигит түшө калды, Жасминди отургузгандан кийин унаа ордунан жылды, Жасминдин көзүнө жаш толу, баягы ойноок кыз азыр чындап коркуп жатты, - Жасмин ыйлабачы, - Мурат ага боору ооруп кетти.

- Тим кой Мурат, тына турган жерине кыз ыйлап берет дечү экен илгеркилер.

- Ошону айтсаң, кыз ыйлап барбаса кызыксыз болуп калбайбы.

- Жеңем эркелеп өскөн үйүн таштап кетип жатканга ыйлап жатат да, - дешип балдар айтып жатканда Жасмин өңгүрөп кое берди.

- Жасмин, - Мурат аны өзүнө тартты, - Ыйлабачы эми.

- Мурат, - дегенден башка сөз чыкпай ыйлай берди, унаа жеткенде жарданып турушкан аял-эркектер дүргүп калышты.

- Кокуй келин келди.

- Ай жеңе алып чык жоолугуңду! - дешип унаа токтоору менен эле эшигин ачып кызды алып түшүп үйгө киргизишти, Жасмин ыйлап жатты, ал ойноолугу, эркелеги менен Мурат жолукпай койгонго жинденип айткан сөздөрүн эстеп өкүнүп датты. Бирок жаш болсо дагы кеч экенин сезип ыйлагандан башка эчтеке колунан келбесин түшүнүп турду. Келинге жоолук салып жайланышкандан кийин кыздын ата-энесин сурашты, андан кийин бир союш менен беш миң сом кылып үч кишини жөнөтүшкөндө алар ызы-чуу түшүп калышты, ошондо Курман баарын токтотуп Акылайга:

- Эгерде кыз өз көңүлү менен барса тим койгула, өзүң чалып бил байбиче, - деди.

- Ой кыз али жаш го атасы, ал эми гана он сегизге караган, - Чыйпылыктап ийди.

- Кыздар үчүн он сегиз жаш жетет, - деп койду Курман. Акылай Жасминге чалды эле көптө барып алды.

- Алоо кызым абалың кандай, сени зордоп алып кеттиби, жооп бер кызым, - дегенде Жасмин өзүн кармап көз жашын токтотуп.

- Чоң эне, мен өз каалоом менен келдим, мени кечиргиле, - деди да өчүрүп койду, Акылай ичи ачыша ойлуу көпкө туруп калды да:

- Баары жайында, - деди. Ошентип күтүлбөстөн Жасмин турмушка чыгып Майрамга дагы абдан кыйын болду, ишенип-ишенбей жапжаш кызынын турмушка чыкканына кейип турду, анан дагы колунда жок адамга келин болушу Болотбектин жашоосун көргөндө Эмлис атасына айтып келди эле ал баягыдай манчыркабай: "Балам, адамдардын баары кудай алдында бирдей, эч качан бирөөнү биринен кем көрбөй жүр, өзүнөн өтсө дагы сен көтөрүмдүү болгонуң жакшы го, бул адам баласынын кудайга болгон урматы болот экен уулум, кесир сүйлөп бирөөнү кемсинтпей жүргөнүң дурус", - деп койду, Эмлис унчукпай калды. Жасмин бала кезинен эки кабат үйдө өзүнчө бөлмөдө каалаганындай өскөн неме эки бөлмө үйдө өзүн абдан жаман сезип бирок жанында сүйгөн адамы барына, аны кызганып, телефон чалып кыжаалат болбой бирге болуп калганына гана кубанат. Курман кудасы Болотбекти чакырып алып үйлөнүү той өткөрүү жөнүндө кеңешмек болду, бирок ал өзү күткөндөй болбоду, ал каткан акчасына ишенип:

- Куда, кам санабаңыз, той болот, - деди.

- Азамат, анда сүйлөштүк, Жасмин менин өлгөндөн калган неберем, анын тоюу ойдогудай болушун каалайм, - деди Курман, - Менин өлгөн баламдын арбагынын алдындагы милдетим.

- Куда, бир аз колубузда жок, бир аз шашылыш болуп калды, биз деле атайын келин алабыз деп камынып жүргөнбүз, балдар шаштырып койбодубу, - деди Болотбек.

- Кандайча? - Курман көңүл бура кулак тосту.

- Уулум эле жанды койбой мен үйлөнбөсөм болбойт, кыз өзүн-өзү өлтүрүп коет деп туруп алды, даярдык көргөнгө жетише албай калдык.

- Түшүнүктүү, - деп ойлонуп калды Курман: "Демек тентек кыз бир оюн ойлоп тапкан же...", - деп бир нерсе оюна түшкөндө өзүнөн-өзү чоочуп кетти, Болотбекти узаткандан кийин Акылайга, - Кемпир, бу Жасминди өз көзүң менен көрдүңбү? - деди.

- Ооба, эмне болуп кетти?

- Деги шойкому жок беле?

- Кандай шойкомду айтасың? - Күйөөсүн эми көрүп тургандай карады.

- Балакет болуп экөө бир жаман жолго барбады бекен?

- Бу сен эмне дегени турасың? - Акылай күйөөсүн таңгала карап калды, - Бирдеме болсо Данагүл турбайбы, неберебиз акактай таза бойдон эле барды.

- Болду, - деп койду Курман, Акылай өзүнчө ойлонгону менен эч кандай жаман нерсе жок экенине көзү жетип турду, ошол бойдон Курман дагы үндөбөй калды. Болотбек Канымга кеңешип туруп айыл ичиндеги бир кафеге сүйлөшүштү, ижараларын тактап баарына жеткизе албай жатканда Курман эки жигитти жөнөтүп баарын сүйлөшүп азыркы ырчылардан дагы жалдап койду. Ошентип той жакшы өттү, Курман небере кызы менен күйөөсүнө үч бөлмө үйдүн ачкычын тапшырды, тойдо Аруужаз менен Акберди дагы болушту, алар дагы жардам берип Мурат менен Жасминге машина белек кылышты, Майрам кызына үй ичиндеги керектүүсүн даярдап берип той шаңдуу да, шарттуу да өтүп жатты. Жасмин өзүн бактылуу сезип Мурат экөө бири-бирин карап жылмайып коет. Каным ичинен кудайга ыраазы болуп турду: "Ээ жараткан, балдарыма ырыс-бакытыңды аябадың, эми аны кут кылып тута билишсе экен, тобо кылайын жараткан", - деп кудайга ыраазылык билдирип жалынып жатты. Той болот, тойдун да арты болот дегендей той аяктап эки жашты чоң атасы белекке берген үйгө киргизип той улана берди, кыргыздыкы кырк жылда дегендей улам бири келин көрүп келет, же кыздын тууган уругу, теңтуштары келип кетип жатты...

Акберди эки оттун ортосунда жүргөндө Аруужаз көп ойлонуп өзүн-өзү кыйнап кыжаалат болуп, бирде ыйлап, бирде сооронуп жүрүп абдан жүдөп кетти, аны көрүп Акберди өзүн күнөөлүү сезип аяп жатканы менен абалды жеңилдетүү өтө кыйын болуп калган, Гүлхан боюнан алдыргандан кийин жумушун токтотуп үйүндө болуп калды. Акберди үчүн эки аялдын тең абалын ойлоо өтө оор эле, бирок өзүнүн кандай абалда жүргөнүн эч кимге билдиргиси келбейт. Аны сезген Акмат бир күнү аны ээндетип алып:

- Уулум, сага минтип жүргөн болбойт, ачык сүйлөшөлү, биздин караганыбыз сенсиң, ооруп калып жүрбө, - деди.

- Ата, мен эмне кылаарымды билбей турам.

- Бир чечимге кел, экөөнү тең көндүрүү керек.

- Аруу көнбөйт го, кайра ооруп калабы деп корком, - деди Акберди.

- Жаман эч нерсе жок, илгертеден салт бар, жеңеси же кайнисине нике кыйдыруу, Аруужаз муну түшүнүүгө тийиш.

- Ата.

- Жетет, келин менен апаң сүйлөшөт!

- Акы, - деп ошол учурда Аруужаз үстүңкү кабаттан түшүп келе жатканда ата-бала карап калды, - Мен каршы эмесмин, эгерде Гүлхан сенсиз жашай албаса мен макулмун, бирок мен бул жерден кетем, уруксат бер!

- Аруу...

- Жок, ошондой болгону жакшы.

- Балам, - деди Акмат, - Мындай болбойт, эрдин ичине эр токумдуу ат батса аялдын ичине алтын баштуу адам батат экен, таарынычтан эки баланын тагдырына оорчулук келтирип албагыла, алар чоңойду, психикалык жактан жабыркап жүрбөсүн, акыл-эстүү келинсиң балам, андайга барба, - деп Акмат айтканда Аруужаз аргасыз башын жерге салып:

- Сиз айткандай болсун ата, балдар мен үчүн өз жанымдан да артык, - деди.

- Айла-анайын, ынтымактуу болгула балдарым, - деп Акмат ыраазы болду. Көп өтпөй эле Гүлхан менен Акбердиге нике кыйылды, Аруужаз ошол жерде болуп өз макулдугун бергенин экөө тамак жасачу бөлмөгө киргенде айтты да:

- Эми өз максатыңа жеттиң, мага сүрөттөрдү беришиң керек, - деди.

- Аруужаз, мен аны сага бере албайм.

- Эмнеге, алчуңду алып бүттүң го?

- Бир сүрөттү мен го беремин, бирок түп нускасы менде эмес.

- Анан кимде?

- Капыстан гезитке чыгып кетээрде абийириңди сактап калган менмин, кокусунан бир журналистика курбум сени Туркиядагы мейманканадан көрүп калып сураштырып билип алыптыр, анан мага көрсөтүп: "Гүлхан, карачы муну кандай койкойгон сулуу кыз, өзүнүн сулуулугун кайдагы бир түрк улутундагы бир жигитке кордотуп жүрөт, анын үй-бүлөөсүнүн бар экенин да аныктадым, ал товар ташуу менен бирге кыздарды дагы сатат экен, бул дагы анын курмандыгы", - дегенде мен сенин сүрөтүңдү көрүп адегенде ишенбей турдум, анан ага гезитке чыгарбоосун өтүнүп суранып ачык айтканмын, болбосо сени Акы эбак гезиттен көрмөк, - дегенде саамга унчукпай калды да.

- Демек сактоочум да, өч алчуум да сен турбайсыңбы? - деди жылмайып, экөө дагы көпкө сүйлөшүп анан шыңкылдай күлүп жатканда Акберди көрүп: "Булар качантан бери минтип калган, тим эле курбулар сыяктуу сырдашып жаткан го", - деп таңгалып койду. Демек бул өмүрдө калыстыктын агы эки бети болот тура, адам баласы аны өз пайдасына пайдаланып өзүн адилеттүү көрсөтүүгө ашыгат, бирок чыныгы адилеттик деген чын дүйнөдө гана болсо керек.

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться