Айгүл ШАРШЕН


"Махабат азабы"


Батма (Айдай) өткөн күнүн эстегиси да келбейт, болгону бактылуу жашагысы келет, Нурдин аны көзүнүн кареги менен айланып сүйүүсүн арнагандан тажабайт. Жакында балалуу да болушат, Батма ичи билинип калгандан бери оорлошуп абдан кыйналганынан Айша үйүнө алып кетмек болду эле ал болбой койду. Жаныбек дагы тез-тез кабар алып турат, Нурдинди өзүнүн фирмасына киргизип койгон. Батма аны менен кетип калды, ага өзү өсүп чоңойгон үйү жакын болуп өз ата-энесине көнө албады, Айша кейип-кепчип ыйлап калат, Акмат андайда күңгүрөнүп тим болот. Бул кезде Айпери дагы күйөөгө чыгып кеткен, Батманын келишин Зыйнат жактырган жок, ал уул төрөгөндөн кийин сиңдиси келип каралашып жүргөн, Гүлзат күйөөсүнөн ажырашып келген, бир баласы менен, иниси да аялы экөө батирден көрө деп жашап жатышкан. Аида кайнежесинин жумшаганына жини келип Бектурга тултуңдайт. Ал эжесине айтса ал ага ачууланып өздөрүнчө урушуп кетишет, сиңдисинин баласы алты жашар, өтө эле бейбаш, сыртка чыкса тал-дарактын, алманын бутагын сындырып, үйдө идиш аякты талкалап, кармаба деген буюмдарды алып өз билгенин кылат. Аны Зыйнат Жаныбекке жеткирбейт, өзүнүн баласы балтыр бешик болуп калган, ошого каралаган болуп сиңдисин кетиргиси келбейт, ал жини келип:

- Мен сага кызматчыга келдим беле, үйүңдө жүргөндү көп көрүп жатасыңбы? - деди бир күнү.

- Гүлзат, бир тууганым экен ушу, жардам берет деп жүрсөм жөн эле жашагың келеби ыя?

- Жөн жашасам болбойбу?

- Өзүң үчүн деле кыласың го, бир тоокко деле жем керек.

- Сен тамагыңды көп көрүп жатасыңбы?

- Көп көргөнүм жок, андай болсо Бектур экөөң тең кеткиле! - деп бөлмөсүнө кирип кетти, Гүлзат алкылдап кечинде келген Бектур менен Аидага айтты эле ал чыкты бир жактан:

- Эже, андай болсо бир туугандыктан кечишип коебузбу? - деди.

- Айтканга туура түшүнбөсөңөр кечсеңер кечип койгула.

- Үйүңдү кызганып жатасыңбы?

- Бул эмне деген акылсыздык, баарыңар түшкө чейин уктайсыңар, жаш балам менен мен силердин тамагыңарды жасап эртең менен кечинде карап отурамбы, көтөрүп келген эчтекеңер жок, кайра мен силерди багышым керекпи, уялсаңар боло? - деп Зыйнат айтканда Гүлзат:

- Жете албай эле жүргөн экенсиң, сага бир тууган менен ата-эненин кереги жок болуп калдыбы? - деп алкылдады.

- Ооба, мен бул үчүн эмгек кылдым, жоголгула бул үйдөн! - деп кыйкырып жатканда Жаныбек келип калды.

- Эмне болду? - деди мындай ызы-чуу көрбөгөн неме.

- Эчтеке, - Зыйнат терс бурулду, - Өз оокаттарын кылсын!

- Уят эмеспи үйдөн кууганың, тим кой жүрө турушсун.

- Жүрбөйт, эмгек кылып иштеп үй-сүй алышсын да, ушинтип жүрө бермек беле?

- Мынча эмнеге ачууң келди Зыйнат?

- Ачуум эмнеге келмек эле, өзүм зорго батып отурганда булар, тыгылып...

- Кой эми, бирөө бирдеме дедиби, эмне мен айттымбы ошентип:

- Сен айтпайсың, - деп бөлмөсү жакка басты, - Мени булар күң кылып алды, өз баламды карай албай жатканда булардын тамагын даярдашым керек экен, өздөрү туруп жасап ичишсе болбойбу? - деп кирип кетти, мунусу Жаныбекке айтылган эскертүү сымал болду, ал ойлонуп калды: "Демек буша кызматчы жалдоо керек, ачык айта албай кыяк менен угузганы го, мейли аны да кылайын, кайын журтун батырбай коюптур деген жаманаттыга калбай, уул төрөп берип өзүмө жагып отурат", - деп ойлонуп эки күндөн кийин жумуш издеп жүргөн бир келинди алып келди. Ал Нурай деген жыйырма бештердеги келин, бир баласы менен жумуш таппай жума сайын үч миңден берем дегенге макул болгон, баласын батиринде сиңдиси карап эрте келип кечинде кетмек болуп макулдашты. Ал келгени Гүлзат дагы, Аида дагы ача чоң болуп алды, тамагын өз бөлмөсүнө алып кирип беришин талап кылат. Зымырат болсо жанын койбой баласына сүт даярдатып, жалаяк кирлерин кошо жуудурат. Аны көргөн Аида күйөөсү экөөнүн кийимдерин, Гүлзат баласы экөөнүн кийимдерин алып келгенде Нурай:


- Мен мындай деп сүйлөшкөн эмесмин, кириңерди өзүңөр жуугула, - деди.

- Эй сен кимсиң өзү, кылсаң акысын аласың, - деди Аида.

- Мен сенден алган жокмун.

- Биз үчүн ошол төлөп жатат, болбосо бара бер, башканы алабыз, - деди Гүлзат.

- Нурай сен бул үйгө кызматчы экениңди унутпа! - деди Зыйнат дагы, ал андан Жаныбекти кызганып жүргөн эле. Нурай ошол күнү айткандын баарын иштеди да, Жаныбек келгиче күттү да келээри менен:

- Жаныбек байке, менин акымды бериңиз, мен мындайга чыдай албайм, - деди.

- Эмне болду?

- Сиз мындай деген эмессиз, мен мынча кишинин кийимдерине чейин жуусам, күндө беш бөлмөнү жыйыштырып, кайра жууп тамак жасаганга жетише албайм го, алган акчам ага ылайык келбейт, - деди эле Зыйнат:

- Эмне сага жумасына беш миң төлөш керекпи? - деди.

- Токто Зыйнат, - деди Жаныбек, - Нурай, сен баланын кирин жуушуң мүмкүн, башканын кирин жуубайсың, болгону үй жумуштары мойнуңда, - Кайнисин карады, - Бектур, уят болот Аида менен Гүлзат өз иштерин өздөрү кылсын!

- Жезде, бул үйдө кызмат кылгандан кийин баарын жасасын да.

- Мен силер үчүн алып келген жокмун, эжеңер бала менен кыйналып жатканынан алып келдим, демек сөз бүттү! - деп туруп кетти.

- Мына, өздөрү үчүн кам көрүп бизди киши катары көрбөйт булар, - деди Гүлзат.

- Болду сүйлөбө, өз оокатыңарды кылгыла, бул үйдүн мүчөсүбүз го? - Гүлзат тыбыраңдай кетти, Батма бул кезде бөлмөсүндө болчу, ал күндө өз унаасы менен врачына барып көрүнүп кайра келет, Нурай ага боору ооруп өзү деле тамакты алып барып берет. Бектур жини келип туруп кеткенде Гүлзат эжесинин бөлмөсүнө кирди, экөө көпкө кыжылдашып жатты, Батма бөлмөсүнөн чыгып келе жаткан, алардын сөзүн угуп токтоп калды:

- Сенин акылың жок экен, мен Жаныбекти эптеп колго түшүрүш үчүн эмне гана кылбадым, - дегенде Гүлзат ага таңгала карады.

- Эмне кылдыңыз эле?

- Аялынын ойношуна кетип жатканын айтып телефон чалдым, - Зыйнат улутунуп алды, - Ошол эле күнү ал келип муунуп алды, көрсө алардын мейманканага барганын өзү көзү менен көрүптүр, анан экөө уруша кеткенби өзүн-өзү өлтүрдү, Жаныбек ичип туруп алды, анан мен ишке кириштим...

- Ай-ий, сен жөн эле кыйынсың го?

- Кыйыны курусун, Жаныбек мага бала үчүн үйлөндү, мага бир дагы көңүлү жок, жөн гана сый адамдай жашап келе жатабыз, мен телефон чалбай койгондо аялы өлмөк эмес, аны Жаныбек билсе мени кечирбейт.

- Эмне экен, аялы ойнош ойноп жүрсө, көзүн ачып койгондун эмнеси жаман?

- Жапкыла оозуңарды! - деп Батма кирип келди, - Атам сиздин жылан экениңизди билбей жүргөн экен го, апама тил тийгизбегиле!

- Эй, сен кимсиң? - Зыйнат тура калды, - Кайнаса каны кошулбаган ишке неге киришесиң ыя?! - Бөйрөгүн таяна жанына келди, - Өзүңө тиешеси жок ишке мурдуңду тыкпа?

- Мен ушул үйдүн кызымын!

- Ыкы, эч кандай кыз-зы-мызы эмессиң, мен анын мыйзамдуу аялымын.

- Болуптур, атам келсин, болгонун болгондой айтам! - деп артына кайрылганда анын алдын Гүлзат тосту.

- Сен кимсиң, баласы турганда бузмаксыңбы?

- Бузуп коюу колумда келет!

- А сен көчүгүңдү кысып жүр!

- Сен кысып жүр, эри жок жүргөнчө бир үйгө кызматчы болуп иштеп эжеңдин тажрыйбасын үйрөнүп эрге тийип ал! - деп Батма аны түртө басып кетмек болгондо Гүлзат аны жакка чаап жиберди.

- Сенден эр сурап жатамбы?

- Эй эмне кылып жатасыңар? - деп Нурдин кирип келди, - Эмне болду Батма?

- Нурдин киришпе, мен буларды өзүм бүтүрөм, - Батма Нурдинди колтуктап бөлмөсүнө кирип кетти.

- Бул эми жездеме айтып коебу? - деди Гүлзат алаңдай.

- Койнунда жаткан мага ишенеби же бакма тоогуна ишенеби көрөбүз.

- Балким ага ишенсечи?

- Ишенсе баласынан айрылат, мен баламды алам дагы кетип калам.

- Ошондо кечирет деп ойлойсуңбу?

- Болду, булм жөнүндө сүйлөшпөй эле коелучу, - Бөлмөсүнө карай басты, - Тигинисинин келип калганын кара, болбосо тилге келбей кете турган кылат элем, бар бөлмөңө, - деди сиңдисин.

- Болуптур, - Гүлзат бөлмөсүнө кетти, Зыйнат диванга отуруп алып Жаныбек менен бир жолку сүйлөшкөнүн эстеди. Батма күйөөгө тийгенден кийин өзү келип төрөп калган, үч ай болгондо:

- Жаке, бала чоңоюп бара жатат, Айдайдын бөлмөсүн бошотуп Жапарга даярдабайлыбы? - дегенде ал.

- Жо-ок, Айдай биротоло кетмек беле, күйөөсү экөө келгенде түнөп турат, - деп Жаныбек болбоду.

- Жаке, бир күн келип кеткенге тура бермек беле?

- Тура берсин, анда Айдайдын бала дагы өткөн, бет жанынан ошол бөлмөдө өстү.

- Эми анын өз ата-энеси деле бар го?

- Зыйнат, ал жөнүндө башка кеп кылба, ал менин кызым, - деп ачуулана кеткен эле, Зыйнат ошону ойлонуп тынчы кетип Айдардын бөлмөсүндө жашап жаткан инисине барды, Гүлзат дагы ошол жерде экен, аны көрүп сүйлөшүп жаткан сөзүн токтото ага карап калышты.

- Эмне болду эже?

- Эмне болмок эле, силер башка жакка жашай турсаңар болот эле.

- Бизди кууганы жатасызбы? - деди Бектур.

- Куду-муду дебей Жаныбек келгенче Аиданын эжесиникине бара тургула, бүгүн урушуп калышыбыз мүмкүн, андайда силердин аралашканыңар болбойт.

- Алар үйүндө жок да, кечээ жездемдин апасы ооруп кетишкен.

- Бүгүнчө күнүмдүк мейманканага болсо дагы бара тургула.

- Жанагы кызы кылып жатабы ушунун баарын, керек болсо ким көрдү кылып койбоюн, - деп Бектур жиндене карады, - Шесть секунда өлтүрүп басып кетем, эч ким дагы билбей калат, менден көрмөк беле?

- Жинди болбо Бектур, - Зыйнат эшикти бир карап алды, -Тигил албарсты дагы аңдып турбасын.

- Ошол тыңшаганы үчүн бирди көрөт.

- Оозуңду бас, мындай ишти антип айтып жасабайт, болгула, баарың кеткиле!

- Эже, кеч болуп калды го? - Бектур кыйыктанды.

- Менин эрим менен урушуп чачташканымды көрүп күлүп тургуңар келеби, же мага болушуп мушташкыңар келеби? - Зыйнат ыйламсырай карады, - Болгула, жумуштан келип калат.

- Болуптур, кетсе кетели, - Гүлзат баласын кийинте баштады.

- Макул, эртең келелиби? - деди Бектур.

- Адегенде эртең бир кабар алгыла, телефон чалып эле билсеңер болот, - деди Зыйнат, анан ини, сиңдиси кийинип төртөө чыга баштады, ошол учурда Эрдан:

- Апа, кетпей эле коелучу, мен компьютер ойнойт элем, - деди.

- Болду унчукпа, аны бузуп койбодуң беле? - деп жини келе Гүлзат колун силкти.

- Ойно-ойм, Бектур таекем оңдоп берем дебедиби.

- Унчукпа, - деп баласын кучактап акырын өптү, - Келгенде ойнойсуң ээ?

- Аный, азыр ойнойм.

- Атаңдын компьютери беле? - деди Зыйнат жини келе.

- Эмне болуп кетти, ошого деле жиниң келдиби, жетиштүү болуп калганын, - деп силкине чыгып бара жатканда алдыларынан Жаныбек чыкты.

- Кайда жөнөдүңөр?

- Конокко жезде, - деп койду Гүлзат жылмая.

- Аа-а жакшы, - деп коюп Жаныбек кирип кетти, чынында ал кайниси менен балдызынан тажап калган эле, Зыйнат ал киргенде ыйлап отурган, - Ой сага эмне болду:

- Эмне болсун, Батма келип инилеримди кубалап чыкты.

- Эмнеге?

- Бул жерде эмнеге жүрөсүңөр деп урушат, алар жүрсө болбойбу?

- Айдай андай эмес эле...

- Ооба, ал таптаза, сен мени күнөөлөгөнү турасыңбы?

- Жөндөн-жөн эле бүлкүлдөй бербесең, бир келген кызга сүйлөбөй койсоңор болот да, азыр ал бөлмөсүндөбү? - деп Жаныбек сураганы менен жооп күтпөй эле чыгып бара жатканда Зыйнат:

- Аның болбогонду айтып мени жамандайт, күйөөсү экөө отурат, - деди.

- Антпейт, - деп кетип калды, Батма менен Нурдин экөө сүйлөшүп отурган, - Кел Нурдин.

- Келдим ата, кандай жүрөсүз?

- Жакшы-жакшы, кызым кандай? - Батманын жанына отурду, - Тамак ичип жатасыңбы?

- Ооба ата.

- Жеңең менен уруштуңбу?

- Менби?

- Жо-ок.

- Мейли, өзүңө жакшы кара кызым.

- Ата, бир нерсе сурасам болобу?

- Сура кызым, - Көңүл бура карады.

- Апам өлгөн күнү сизге бирөө телефон чалган турбайбы?

- Аны ким айтты? - Жаныбек таңгала карап калды.

- Сиз ким деп ойлодуңуз эле?

- Айтуу кыйын...

- Эмесе сизди атайын каратып алуу үчүн Зыйнат чалыптыр!

- Мүмкүн эмес.

- Угуп туруңуз ата, бул апам телефон менен сүйлөшкөндө ар дайым тыңшап турчу экен, Азиза менен сүйлөшкөнүн угат да дароо сизге чалат.

- Ким айтты:

- Өзү, - деген Батма Нурдинге чыга тур дегендей белги берди эле ал чыгып кетти.

- Сагабы?

- Жо-ок, сиңдисине айтып жатыптыр, мен ашканага бара жаткам, каткырык чыгып: "Мен Жаныбекти колго түшүрүш үчүн кандай аракет кылбадым, ал мени менен бала үчүн гана жашап жатат, аялынын өлүмүнө мен себепкер экенимди билсе кечирбейт", - деген үнүн угуп жакын барсам сиңдисине бүт айтып жатыптыр, балким апам жөнүндө кимдерге айтып жүргөнүн ким билет?

- Демек ушул экен да?

- Ооба, ушул убакка чейин апамдын эмнеге өзүн-өзү өлтүргөнүнө башым жетпей жүргөн, бүгүн ал сиңдисине жамандап: "Ойношу" менен деп сүйлөп жатканы менин жинимди келтирди, - Батма ыйлап жатып айтты.

- Кызым ыйлаба, балага зыян болот, чай-пай даяр болсо Нурдин экөөңөр дагы чыккыла, - деп Жаныбек чыгып кетти, ал көпкө ойлонду, Зыйнатты азыр эле кетирип жибергиси, өзү жеткирип койгусу келди, бирок анткен жок: "Баары өткөн иш эмеспи, эми ачуулануунун кереги не, балам турат, туура эмес иш кылыптыр, эми көзүм жетти, ким айтканын түшүндүм, бирок ордуна келмек беле, мен дагы жаңылыштык кетирдим ишенбей койсом эмне, ажалы жеткен экен өлдү, эми аны козгогондо эмне", - деп ойлонуп отурганда Зыйнат чыгып келди.

- Эмнеге отуруп калдың, бакма тоогуң мени шыбадыбы?

- Зыйнат, экинчи аны антип айтпай жүр, Батма менин кызым өткөнчө кызым болуп кала берет, мындай сөз укпайын.

- Өз балдарың турганда кайдагы немени кызым дей бергениңе жол болсун, бактың эркелетип, өз атасы алып бербеген унааны минип университетте окуйт.

- Жете-ет! - Жаныбек тура калды, Зыйнат анын түрүнөн коркуп кетти.

- Болду, болду, - Отуруп калды.

- Бас бөлмөгө! - деп Жаныбек бөлмөнү көздөй басканда артынан жөнөдү, - Сени азыр төркүнүңө жеткирбегениме ыраазы бол, мен билгем ошондо телефон чалган сен экениңди, балдар билбесин деп жүргөнмүн, экинчи Айдайды оозуңа алып же ошого бирдеме десең бул үйдөн өзүң кеткендей бол! - дегенде Зыйнат унчуга албай калды, - Уктуңбу?!

- Уктум, сүйлөбөй койсом кутуламбы?

- Сүйлөбө, - деди да, - Тамак даяр болсо чыгалы, - деп чыгып кетти, Зыйнат ыйлагысы келип: "Мен муну билбейт экен десе ичинде жаткан тура, ушул Айдайы да жоголбоду, неге өз ата-энесине барбайт, бул үчүн канча чыгымдарды кылып жатат, кантип ушунусун жок кылам", - деп ойлонуп отуруп анан акыры өзүнүн эртеңкисин ойлонду, күйөөдөн чыгып канча жыл өзү деле ар кайсы жерде иштеп тажабады беле, ушул үйгө келгени Жаныбекти өзү жактырып калып анан аракетке өтөм деп бир адамдын жанына зыян болду, эгерде ал чалып айтпаганда жашоо улана бермек, балким ал сырды өз пайдасына эмес адамгерчилик үчүн, Жаныбектин эч нерсени билбей момундугу менен аялына ишеничинин күчтүүлүгү менен жашап жүргөнүнө боору ооругандыктан ошону кылса анда башка кеп болчу. Зыйнат өзүнүн күнөөсүн ушинтип баалады, өзүмчүлдүгүн сезди, жалгыз өз бактысы үчүн гана атайын жасаганын түшүндү да акырын тамак иче турган бөлмөгө келди. Ал келсе Нурдин менен Батма Жаныбек менен сүйлөшүп отурушуптур, аларды көргүсү келбей отуруп калды, Нурай аларга тамак-ашын алып келип анан ашканага кирип кетти, баары тамактанып бүткөндөн кийин акысын алып, ашкананы жыйнап анан кетмек, аны баласы менен он төрттөгү сиңдиси күтүп жаткан эле, бүгүн ал батир акысын бермек.

- Мен баарын бүттүм, кетишим керек, - деди Жаныбекке, ага бул бир жумада үч миң сом алуу абдан жакшы болчу.

- Макул, мен сени жеткирип келем, - деди Жаныбек.

- Эмнеге, акысын алса такси менен кетип калат, - деди Зыйнат.

- Болбойт, алганын таксиге коротуп алса болбойт.

- Жөн эле коюңуз байке, өзүм кетип калам, - деп Нурай кысына айтты.

- Акчасын бер, кетип калат, - Зыйнат жаш, татынакай келинден аны кызганып турду.

- Баланы кара, мен бат эле келем, - деген Жаныбек чыгып кетти, ичинен кыжаалат болгон Зыйнат туйтала болуп жатты, Жаныбек унаасын от алдырып Нурайды жанына отургузуп алып кетип жатты:

- Өзүм кетип калмакмын, Зыйнат эже капа болуп калды.

- Эчтеке эмес, ал түшүнөт.

- Мен уялып жатам.

- Эмнеге? - Жаныбек келинди бир карап алды.

- Уят го, сизди убара кылганым, менин шартым ушундай.

- Ата-энең барбы Нурай?

- Жок, сиңдим экөөбүз эле...

- Күйөөң эмне болгон?

- Өлүп калган.

- Өкүнүчтүү, кайын жуттуң каралашпайбы?

- Алар балам менен кууп чыгышкан, биздин үйлөнүүбүзгө мурунтан эле каршы болчу.

- Күйөөң эмнеден өлдү?

- Өзүн-өзү асып алды, мени коргой албады, ата-энеси мага өч болуп туруп алды, - Нурай көз жашын аарчый жылмайып койду, - Үч жылдан бери ар жерде иштедим, баламды карап сиңдим окубай отурат, мен иштебесем, жашообуз токтоп калчудай...

- Кыйын болгон экен, сиңдиң канча жашта?

- Он төрткө чыгып калды, үчүнчүнү окуган...

- Капаланба, мындан ары беш миңден төлөйм, балаңды ала кел дагы сиңдиңди мектепке окут.

- Балам мени иштете койбойт, азыр жаш.

- Мейли анда балдар бакчасына орноштуруп коеюн.

- Ага дагы төлөш керек, убара болбоңуз.

- Макул, дагы сүйлөшөбүз, - деди ойлуу Жаныбек.

- Сизге рахмат, мен келдим, - деп Нурай быт-чыт көчөлөргө келгенде токтотту.

- Ушул жердеби?

- Ооба, рахмат сизге, - Нурай түшүп жатканда:

- Нурай, - деди Жаныбек, - Акчаңды ал, - деди да төш чөнтөгүнөн миң сомдуктан бешти алып чыгып колуна карматты, - Кир дебейсиңби?

- Кечиресиз, кирип нан ооз тийиңиз, - Жылмая карады, Жаныбек аны менен бирге кирип анын батирине кирип бара жатып улана салынган эшиктердин бирине келип кирди, үчкө али толо элек, чулдурай сүйлөгөн Асек алдынан чыкты:

- Апа, мага кака акелдиңби?

- Азыр уулум, эжең алып келет, Гүлү нан алып келчи, - деди эки бети кызара уялып.

- Эже...

- Апа-а, мейли мен алып келе коеюн - деп уялып Жаныбекке карады, - Отура туруңуз, мен азыр...

- Жо-ок, мен кайтайын, - деген Жаныбек Асекке карады, - Кана жигит атың ким?

- Ачек.

- Азамат, - Жаныбек чөнтөгүнөн эки жүз сом алып берди, - Буга кака алып жегин ээ?

- Ооба-а, - деп Асек кудуңдай карады.

- Эмесе жакшы кал ээ?

- Чакчы байыңыш, - деп кала берди Асек.

- Кечириңизчи, бирдеме ооз тийгизе албай калдым.

- Эчтеке эмес, жакшы эмесе эртеңге чейин, - Жаныбек чыгып кетти, ага абдан боору ооруду: "Бечарага кыйын болгон экен, ата-энеси да болбосо, экөө өзү менен үчөө экен багыш үчүн кыйын эле, ыймандуу да акыл-эстүү, өңдүү-түстүү, Айдардан бир жашка кичүү экен", - деп ойлонуп бара жатты. Ал келгенде Зыйнат тынчы кетип отурган эле.

- Келдиңби? - деди ал эшик ачылганда чыга калып.

- Келдим, - Чарчагандай үн катты.

- Өзүң чарчап келип кайра барганың болбойт да, өзү эле кетмек.

- Андан эч нерсе болбойт, кой жатайын, - деди Жаныбек чечинип жатып.

- Батирине жеткирдиңби?

- Жолдон түшүрдүм, - Жаныбек сөздү көбөйткүсү келбеди.

- Ийи, батирине кирип отуруп калдыбы дедим эле, бүгүндөн кийин эрте эле жооп берейин ээ?

- Эмнеге?

- Кечке калбай кете берсин.

- Өзүң бил, - Жаныбек тескери карап жатып алды, анын көз алдына Нурайдын жашоосу келди, бөлмө ичинде бир-эки төшөнчү бар эле, дээрлик аңгырап бош, төр жагында кичине палас, бир эски төшөк бар, идиш аягы деле үчөөнө ылайык: "Жетишпегенинен эле жупуну кийинип жүргөн тура, жадагалса кечке наны жок калса үч миң сом жетишпей жаткан экен, татынакай келиндин минтип кыйналганын көрүп туруп кантип жардам бербей кое алам, Зыйнатка кызматчы жок эле өзү иш кылат, Нурайга жардам берүүм керек, бирөөлөргө акчасын кайда жумшаарын билбей көөп жатса мындай кыздар нан таппай жүргөнү калыстык эмес, дагы жакшы сойку болуп кетпей сиңдиси менен уулун адал эмгеги менен баканы кандай акылмандык, жеңил оокат тапкысы келип канчалаган кыздар өздөрүн сатып жатпайбы", - деп ойлонуп жатканда Зыйнат анын артынан кучактады.

- Чарчадыңбы Жаке? - деп шыбырады.

- Ооба, уктайлычы.

- Менин өзүңдү кандай жакшы көрөөрүмдү билсең го...

- Билем, күндө жаныңдамын го, - Жаныбек ары караган бойдон үн катты, ал бүгүн андан аябай көңүлү калган эле.

- Жаке.

- Айта бер.

- Бектурду фирмаңа жумушка алсаң жакшы болот эле.

- Билим керек Зыйнат.

- Кара жумуш болсо деле...

- Караштырып көрөйүн.

- Башкалар деле иштеп жатпайбы, кантип иштей албасын.

- Макул дедим го.

- Уккуң келбей калган го?

- Чарчадым дедим го, эртең фирмага чет элдиктер келет, эрте кетүүм керек.

- Макул эми ачууланба, - Зыйнат унчукпай калды: "Демек бул Нурайга көңүлү түшүп калган, аны эртең кетирип ордуна башканы өзүм алып келем, кызматчыга жаштарды албаш керек, улгайган аял болсо жакшы", - деп ойлонуп жатып уктап кетти, аны телефондун шыңгыраганы ойготуп жиберди, Жаныбек туруп жуунуп жаткан:

- Бектур, анан чалчы Жаныбек кете элек, жо-ок урушкан жок, ооба-ооба сен унчукпай тура тур, акыры үйгө келесиңер, жо-ок ал туумачары кете турган эмес, кой азыр кереги жок, аны сен жок кыла албайсың, өз учуру келгенде өзүм кутулам, болду өчүрөм, - деп трубканы коюп ашкананы көздөй басты, Жаныбек анын сөзүн бүт укту, бирок укпагандай түр көрсөттү, ошол учурда шашыла Нурай келип калды.

- Кечириңиз, кечигип калдым.

- Эч нерсе эмес.

- Иштей турган киши жатып иштеш керек, акча алып жаткандан кийин, - деп Зыйнат ага ачуулана караганда Жаныбек аны жумшак гана кагып койду.

- Кечиккени үчүн, кечирим сурады го? - Нурайга кайрылды, - Ишиңди кыла бер карындашым.

- Рахмат, - Нурай ашканага кирип өз ишине киришти, Жаныбек кофе ичип алып жумушуна кетти, Зыйнат кийинип алып бир жакка кетти, Нурай кечээ Жаныбектин берген акчасын ал кеткенден кийин көрүп өзүнчө ойго батып калган, ишин так кылууга аракеттенип үй ичинин баарын жыйыштырып, айнек терезелерди аарчып түшкүгө тамак жасоого да жетишти. Эки сааттай убакытта Зыйнат улгайган аялды ээрчитип келип:

- Сен бара бер, мындан ары бул эже иштейт, - деди Нурайга.

- Эже, эмнеге?

- Айттым бүттү!

- Эмне айыбым бар эже?

- Айыбың жок, бул эже жатып иштейт.

- Макул, - Нурай ыйлагысы келип кийинип алып чыгып кетти, ал эми жумушту кайдан табам деп сары санаа болуп бара жатты. Жаныбек кечинде кеч келди, анын ишканасына чет элдик инвесторлор келип иштешүүгө макулдашып договор түзүп фирманын иштери менен таанышкан соң аларды коноктоп кеч кайтты. Ал келип чоочун аялды көрүп: "Дагы кимиси болуп кетти, мунун туугандары эле көп экен, пайдасы жок туугандан пайдалуу бир татым туз өйдө", - деп ойлонуп койду.

- Жаке, бул Бурул эже, жаңы кызматчы, жатып иштейт, - деди Зыйнат.

- Нурай эмне болду?

- Сен кеткенден кийин эле ал кетип калды.

- Өзүбү?

- Ооба, жакпай калса керек да, - деп Жаныбектин түрүнөн өзгөрүүнү байкады.

- Жакпаса өзү билсин, - деп койду Жаныбек, Зыйнатка эч нерсе билгизбей: "Эмнеге кетмек эле, бул кетирген болсо керек, мен ага барып билем", - деп ойлонуп алды.

- Эмнеге ойлонуп калдың?

- Ойлонгонум жок, чарчадым, - деп бөлмөгө кирип кетти: "Бул аны кубалап ийген экен, ушундай дагы пас адам болобу, мындай неме өз бактысы үчүн башканы курмандыкка чалышы турган иш, жаңылган экенмин, мастыгымдан пайдаланды, бала үчүн байланып калат десе керек", - деп көңүлү катуу калып турду. Эртеси таң атпай кетип калды, ал дароо эле Нурайдын батирине келди, эшигин какканда Нурай кечигип ачты, жаңы гана ойгонгон:

- Сиз...

- Эмнеге кетип калдың?

- Ошондой болуп калды байке.

- Өзүң кеткениң чынбы?

- Мм, ооба...

- Зыйнат бирдеме дедиби?

- Жо-ок-жок өзүм эле.

- Кайдан иш таптың?

- Иш жок үйдөмүн, - Нурай жер карады.

- Макул, өзүң кеткениңе ишенбей сураганы келгенмин, - Жаныбек артына бурулду, ал узай электе эле сиңдисинин:

- Эмнеге калп айттың эже, аялы кетиргенин айтпайт белең? - дегени угулду.

- Кереги жок, урушуп калышын каалабайм, - деди Нурай, Жаныбек аны укту да кайра келди, эшикти сиңдиси ачты:

- Нурайды айтчы кызым.

- Макул, - Гүлү ары турганда Нурай көрүндү:

- Сизби?

- Ооба, Нурай мени менен жүр, сен фирмада иштейсиң.

- Эмнеге, кандай иш?

- Барганда көрөсүң?

- Макул, кийинип алайын, - деди эле Жаныбек баш ийкей ары басып кетти, уулу уктап жаткан, - Гүлү, буйруса иш табылды, үйдөн чыкпай отургула макулбу? - деп кудуңдай сүйүнүп эшикке чыкты, Жаныбек аны салып алып жолдон кафеге кайрылды.

- Мен эчтеке ичпей чыктым, тамактанып алалы ээ? - Жылмая карады.

- Сиз ичип алыңыз, мен отуруп турам.

- Андай болбойт, жүрү түш, - деп Жаныбек болбоду, Нурай аргасыз анын артынан кирди, экөө тамактанып анан фирмасына келишти, аны иштери менен тааныштырып анан, - Сен бул үстөлдө отуруп телефонго жооп берип турасың, айлагың сегиз миң сом болот, телефон чалуулардын өтө орчундуусун жазып коюп мен келгенде унутпай айтып турасың, кандай жагабы? - деп карап калды.

- Жарайт, - Нурай ыңгайсыздана карады, - Бул иш мага ылайык эмеспи дейм...

- Эмнеге?

- Катчы болууга билим керек го?

- Сени үч айлык окууга жөнөтөм, фирманын атынан.

- Ыраспы, биз кадрларды даярдайбыз.

- Жакшы экен, - Күлүңдөй карады.

- Эки саат окууга барып компьютерге үйрөнүп кайра келип иштей бересиң, кыйналбайсыңбы? - Жаныбек Нурайды ойлуу карады, - Компьютерди билсең башкасы эчтеке эмес.

- Рахмат байке.

- Эмесе ишке кирише берсең болот, бүгүндөн баштап сага айлык жазылат, - Жаныбек кабинетине кирип кетти, үстөлгө отуруп алып: "Өтө жаш, эгерде жактырып калдым десем чалкасынан кетет, мейли жок дегенде өзүмө жаккан адамга жакшылык кылып коеюн, адамгерчилик кылсаң андан кайрымын күтпө дегендей бактылуу болсун, уулу менен сиңдисин эптеп баккан немени чүнчүтпөй эле коеюн", - деп ойлонуп жатты. Ал эми Нурайга мындай жылуу мамиле абдан жакты, отуруп алып өзүнүн башынан өткөндү эстеп зыңгырай ойлонуп кетти...

Нурай он алтыга чыгып калганда ата-энеси эң кичинекей эркек баласы болуп келе жатып авариядан каза болушкан, атасынын бир тууганы Эмилбек аларды карап калды, үй-жайы деле жакшы, "волга -31" унаасы бар, тың турушчу. Нурай өз үйүндө турабыз десе болбой Эмилбек мал-салы менен көчүрүп алды, ошондой Гүлү алты жашта болчу, эки уй, он кой менен өз үйүнө көчүрүп алды, Нурай он биринчи класста окуп жаткан, бир күнү сабактан келсе жеңеси Салкын Гүлүнү урушуп жатыптыр:

- Ушундайыңардан ата-энеңди жуткансыңар да, баланы карабай эми мектепке барам дейсиң, эмнеңерге окуйт имишсиңер, куу жетимдер!

- Жеңе, эмнеге минтесиз биздин ата-энебиздин өлгөнүнө күнөөбүз барбы? - деп Нурай кирип келди, - Сиз антип айтпаңыз, - деди да Гүлүнү колунан жетеледи, - Биз бул жерде бир мүнөт дагы тура албайбыз!

- Ыкы, кайда барат экенсиңер? - Салкын кекете карады, - Ырысы жоктун ырымы күч деген чын да.

- Өз үйүбүзгө барабыз, малды сот менен алабыз, - деди, Салкын ээрдин түйрүй.

- Эмнеңер бар эле, окууга кийим албадыңарбы.

- Сиз менен айтышпайм, - деди да сиңдисин жетелеп чыгып кетти, жазга маал болчу, үйүнө келип жаркырап тийип турган күнгө үй ичин жайып Гүлүнү мектепке жиберип өзү ыйлап алды: "Эмнеге өлүп калдыңар, бизди шүмшүк кылуу үчүнбү, биз жетим атандык го ата, апа мынчалык кор болгудай эмнеден жаздык эле, кайсы күнөөбүз үчүн жетим калдык", - деп буркурап ар бир бөлмөсүнө кирип ыйлап жүрдү. Кечке маал ал Гүлүнү мектептен тозуп алмак болуп отурганда Эмилбек келди:

- Эмнеге баса бердиңер, кандай тартипсиз кызсыңар өзү? - деп ачуулу кирди.

- Өз үйүбүздө болобуз, - деп бурк этти Нурай.

- Эмнеге, бизди элге шерменде кыласыңарбы, бас үйгө!

- Барбайм, Гүлү экөөбүз өзүбүз эле жашайбыз.

- Жашабайсыңар, мен элдин бетин кантип карайм, - Эмилбек колунан ала аны сыртка карай сүйрөдү, - Бас өлө элегиңде!

- Эмнеге Салкын жеңем бизди ата-энеңди жуткан шүмшүк жетим дейт?

- Жетим болсоңор жетим дейт да, анын эмнесине арданасыңар? - Эмилбек күчкө салып сыртка алып чыкты.

- Барбайм эч жакка! - деп Нурай сүйрөлүп туруп алды.

- Көк бет экенсиң жаш-шабагыр десе, бол үйгө кеттик! - деп тарткылап жаткан Гүлү келип калды, аны көрүп, - Бар кет үйгө, эмнеге келдиң? - деп кыйкырды.

- Гүлү кетпе, мен барбайм, - деди Нурай, ал жеңесинин сөзүнө, агасынын айтканына ого бетер жини келип көгөрүп туруп алды, ошол учурда коңшулары алардын үнүн угуп жардана дарбазанын эшигинен кирип келе башташты:

- Эмне болуп кетти? - деди жакын коңшусу Абдал келип.

- Биз барбайбыз десек болбой жатат, кой деп коюңуздарчы, - Нурай алардан жардам сурады, - Эми эч качан барбайбыз, андан көрө экөөбүздү ушул үйдөн өлтүрүп кетсин!

- Эмилбек, кыздарды өз оюна коюп кой, - деди Абдал салабаттуу сүйлөп.

- Сиз киришпеңиз, булар өз бир тууганымдын балдары, - деди Эмилбек орой.

- Бир тууган деген силердей болбойт, бир жыл өтпөй жетим шүмшүгүбүзгө жеткен бир туугандын кереги жок! - деди Нурай тайсалдабай.

- Жаш-шабагыр десе, айтканын кара! - деп жаакка чаап жиберди Эмилбек, аларды дарбазанын оозунда ыйлап карап турган Гүлү жүгүрүп келди:

- Эжемди урбаңызчы!

- Тур ары, азыр экөөңдү тең өз колум менен өлтүрөм! - деп Эмилбек кыйкырганда эки-үч коңшусу келип Нурайды ажыратып алды:

- Уят эмеспи, булардын күнөөсү кайсы, жетим калса кудайдын буйругу! - деди Абдал, ал жана Эмилбектин айтканына ачуусу келип калган, - Чакыргыла милицияны, буларды балдардын үйүнө алып кетсин!

- Сенин кандай ишиң бар, жетимканага бербейм!

- Бербей баксаң ушулар качмак беле, уятың жок турбайбы? - деди арткы коңшусу, - Байкуш Замирбек өлбөсө ушинтип сен кол тийгизе алат белең, Айсалкын экөө тең абдан жакшы кишилер эле, жакшынын өмүрү кыска деген чын экен да.

- Ооба десең, байкуш Айсалкын башкача аял эмес беле? - деп аялдар шыпшына карап турганда милицияны кимдер чакырганы белгисиз келип калды.

- Эмне болуп жатат? - Участковый тургандарга кайрылды.

- Мен арыз жазам, - деди Нурай.

- Эмне болду? - Участковый кызга көңүл бура карады.

- Биздин ата-энебиз өлгөн, бул киши атамдын бир тууганы, биздин алар менен жашагыбыз келбейт.

- Эй кыз! - Эмилбек обдула токтоду.

- Сиз жөн туруңуз, - Участковый Эмилбекке орой айтты, - Кана, эмне болду, баарын участкага барып жазасың, - деди да кызды колунан алды, - Сиз дагы жүрүңүз, - деди Эмилбекке. Эмилбек үндөбөй алардын артынан жөнөдү, үйүн кулпулап Гүлү кошо жөнөдү, участкага баргандан кийин Эмилбек Нурайды жумшак айтып:

- Нурай, таарынычыңды унут, биз бир тууганбыз, сен менин кызымдайсың, өзүбүз чечип алабыз деп айт, - деди шыбырай.

- Жок, мен өз сөзүмдөн танбайм!

- Нурай, эмнеге мынча көгөрдүң?

- Жеңем бизди жетим шүмшүктөр дегенин кечирбейм!

- Ал айта берет.

- Кана, Замирбекова, түшүнүк катыңды жаз, - деп участковый барак менен ручка берди. Жетеледи, - Өзүң билесиң агам авариядан каза болушкан аялы баласы болуп, жыл боло элек, кайгыдан баш көтөрө электе кыздардын үйүнө кетем дегени ачуумду келтирди, карындашым али жаш, - деп Эмилбек участковыйдын жан чөнтөгүнө акча салды, ал ошол эле күнү базарга мал сатып келген болчу.

- Кереги жок байке, мен мындайга көз жумуп кое албайм, жашы жете электердин балдар үйүнө тапшырабыз, сиздин уруп сокконуңузду айтышты, мындай калтыра албайм.

- Иним, өз кызымды уруп сокконго да акым жокпу?

- Мени атам менен апам да урган эмес! - деди Нурай. Бирок ал арыз жазбады, сиңдиси экөөнү документтерин даярдап эки күндөн кийин Бишкекке алып келип балдар үйүнө тапшырышты, ал жерде бир жыл окугандан кийин мектепти бүтүп дагы бир жыл жүрдү, ошол учурда Азамат менен таанышып калды, экөө бири-бирин сүйүшүп калгандан кийин:

- Нурай, жакында үйлөнөбүз, мен ата-энеме айтып камындыра берейин, - деди Азамат.

- Азамат, ата-энең каршы болбойбу?

- Эч кандай каршы болбойт, коркпо жаным.

- Билбейм, жүрөгүм эле бир нерсе болуп жатат.

- Ал кубанычтан го алтышка, кабатыр болбо, - Азамат кызды колтуктай бак аралап басып жүрдү. Айткандай эле Азаматтын ата-энеси каршы болду, бирок ага болбой өзүнүн сүйгөнүнө жетүүгө далбастаган Азамат:

- Эгерде аны албасам өлүп тынам! - деди, ошондо кызуу кандуу баласы бир балээнин ичинен чыкпасын деген алар аргасыз макул болушту. Нурай баргандан эле кайненеси анын баскан турганына чейин аңдып, эки сөзүнүн бири: "Шоркелдей, ушуну үчүн жетим калган да", - деп угуза да угузбай да айтчу болду:

- Тиги шоркелдейдин эмнесиң жактырдың балам, көрүнгөндөн корунуп бүтүптүр го? - деп бир күнү күлүп жатты, - Ой дегеле адам жанына жолоткус неме экен.

- Койчу апа, кудай кылса жетим болот да.

- Кулагым сенин аны жактаганыңды укпасын!

- Апа, ал деле адам баласы эмеспи?

- Ошол күнөөлөрү ашкан немелердир, ошону үчүн бирдей өлдү да, - деп артын карап, - Тү-түү-тү, өзү менен кетсин, - деп койду.

- Апа, жакында балалуу болобуз, ал сенин неберең...

- Кереги жок! - деп кыйкырды кайненеси...

Дал ушул учурда телефондун шыңгыраганынан ал селт этип ыргып турду, аны баятан бери кабинетинен чыгып карап турган Жаныбек көрүп унчукпай кирип кетти:

- Ало, угуп жатам, макул кошуп коем, - деп трубканы койду да Жаныбек Жусуповдун кабинетине кошту. Жаныбай телефонун алып көпкө сүйлөштү. Анан кабинетинен чыгып:

- Нурай, мен кетип жатам, сен бешке чейин отур, мени күт, - деп чыгып кетти.

- Жарайт, - деген Нурай кубанып: "Иштей алат экенмин, эми компьютерди үйрөнүп алсам эле баарына жетишемин, Жаныбек байкеге рахмат, алла ыраазы болсун", - деп толкунданып отурганда телефон чырылдады. Кечке чейин бир топ билдирүүлөрдү жазып койду, саат бештерде Жаныбек келип калды:

- Иш бүттү, эми чыга берсең болот, - деди жылмая.

- Макул, - Нурай сумкаларын алып жатып орчундуу телефон чалууларын колуна берди, анан Жаныбек кабинетине кирип кеткенде конторадан чыгып аялдаманы көздөй жөнөдү. Ал ойлуу аялдамада турганда ал келип салып алды, экөө дагы кафеден тамактанышты, тартына караган Нурайга:

- Мындан ары жолду билесиң эртерээк келип беште кете берсең болот, кээде мен болбой каламын, анан дагы бир айтаарым биринчи күндөн баштап компьютердик курска барасың, эртең сага дарегин берем, - деди.

- Байке, сиздин жакшылыгыңызды кантип актаарымды билбейм, чынын айтсам атамдын бир тууганы деле мындай кылган эмес эле, эми ата-энемдин үйдө калган буюмдарын эптеп алып келип алсам болот эле, малдарыбыз калган, ушуга жардам бере аласызбы?

- Албетте жардам берем, баарын толук айтып берсең.

- Чынында ата-энемдин өлгөнүнө он бир жыл болду, ошондо эки уй музоосу менен он-он бештей эчки-кой калган, бул сойгондон калгандары болчу.

- Эмесе өз башын алсак жетет жарайбы? - Жаныбек анын ата-энеси турган айылын, көчөсүн, аты-жөнүн толуктап жазып алды, - Болду, муну менен мен байланышам, керек болгондо сени чакырса алып барам макулбу?

- Макул.

- Эмесе сүйлөштүк, - Экөө ордунан турушту, Жаныбек Нурайды үйүнүн тушунан түшүрүп коюп үйүнө келди, Зыйнат аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан, ал Нурайдан күйөөсүн кызганып жатты, Жаныбек анын телефондон сүйлөшкөн сөзүнөн кийин сактана карап калган. Ал Батмага зыян кылып коебу деп чоочулап жатты. Батма ичи чоңойгондон бери унаасын өзү айдай албай калган. Нурдин ар дайым жанында, Зыйнаттын өзүнө жасаган мамилесинен кийин ал үйгө батпай калгандай сезди, буулугуп ыйлап алып Нурдин экөө Айдардын үйүнө барышты, Алтынай жаркылдап тозуп алды, Анвар тамтуң басып калган, аны көтөрүп өпкүлөп отуруп:

- Айдар акем жокпу? - деди Батма.

- Жумуштан келе элек, буйруса фирма чоңоюп жатат, чет элдиктер менен сүйлөшүп жатышат, буйруса Нурдинди бир жагына башкарууга коем дегендей кылып жатат, - деп Алтынай кубанычтуу кобурады.

- Кубанычтамын жеңе, жетишкендиктер боло берсин.

- Пейилди кенен эле койсо иш илгерилейт эмеспи, атам менен Айдар акем ушунчалык кең пейил адамдар, - деди Нурдин, - Жумушчуларга абдан жакшы карашат.

- Атам менен акемдин пейилине кудай оң көзү менен карасың, - Батма күлө карады, алар сүйлөшүп отурушканда Айдар келип калды.

- Оо менин Айдайым келип калган го? - деп кучак жая келип Батманы чекесинен өптү, - Кандай ал-абал?

- Жакшы.

- Эмне бирөө капа кылдыбы?

- Жо-ок, - Батма ага жылмая карады да, - Аке апам өлгөн күнү атам телефон чалган ким экенин билбей жүрбөдүк беле? - деди.

- Анан? - Айдар карындашын карап калды.

- Ошондой телефон чалган Зыйнат экен.

- Эмне?!

- Ошол, - Батма ага баарын айтып берди, - Өзү сиңдисине айтып жатканын уктум, көрсө ал атамды эптеп имерип алуу үчүн апамдын ар бир кыймылын аңдып жүрүптүр, ошол күнү телефондон Азиза эже менен сүйлөшкөнүн угуп калып дароо атама чалып коюп билмексен болуптур да, апамдын сарайга киргенин дагы көрүп тим койгон экен, эгер ал аны карап койсо өлмөк эмес, ал ошону каалаптыр аке.

- Акмак десе, аны эртең барып өзүм эле кетирем! - Айдар жинденди.

- Айдар, ал эми өтүп кетпедиби, - деди Алтынай, ошол кезде билгенибизде үйдөн кубалап чыксак болмок, кайрылып келе алмак эмес, эми баласы турат, ал силердин дагы бир тууганыңар, аны кетирүү менен атамдын көңүлүн оорутуп аласыңар го?

- Туура, - деди Нурдин, - Атамдын абалын да эске алуу керек.

- Атам аны жактыра бербейт, бала үчүн кармалганы анык, - деди Батма.

- Чын эле, - Айдар ойлуу, - Атамды чөктүрүп алуубуз мүмкүн, Жапар канткен менен бир тууганыбыз эмеспи.

- Зыйнат жеңени кетирүүнүн бир жолу бар, - деди айдай.

- Кандай? - Батма менен Айдар, Нурдиндер карап калды.

- Анын бир талуу жери биз баарыбыз ал үйгө барып алып, кызматчысын кетирип өзүн иштетебиз, кызматчы жалдоого тоскоол болобуз да ини-сиңдисин такыр жолотпой коебуз, ошондо ал кетүүгө аргасыз болот.

- Эң туура, Анварды дагы ага каратабыз, Айдай төрөсө аны дагы ага бактырабыз, эгерде кызматчы керек десе улам тапканын кетире беребиз, - деди Айдар. Алар ошентип макулдашып алышты да баары ал үйгө барып алышты, Сапарды дагы кошуп алышты. Ага таңгалган Зыйнат Жаныбекке күңкүлдөдү.

- Үй жайы турат, эмнеге келип калышты, ансыз дагы мен бала менен жүдөп жатам.

- Алардын өз үйлөрү, кааласа келишет, каалабаса кетишет.

- Бурул эжени дагы кетирип жиберишти.

- Өзүң казан аякты билесиң Зыйнат, балдарга сөз тийгизчү болбо, алар ансыз дагы апасынын өлгөнүн көтөрө албай зорго жүрүшөт.

- Айдар го мейли, Батма аны ойлооруна көзүм жетпейт, өз ата-энесине же кайнатасынын үйүнө барбайбы? - деп тултуңдады.

- Зыйнат, көп сүйлөй бербе, Айдай жөнүндө сөз болбосун деп айтсам керек эле, - Жаныбек балдарынын оюн билип эле турду, өзү дагы Зыйнатты жылуу жумшак эле кетиргиси келип калган. Алтынай Анварды таштап жатты:

- Жеңе, ыйлап калбасын, мен кечирээк келем, түшкүгө тамак даярдап коюңуз, бир уяттуу конок келет, - деди.

- Балдар менен кантип жасамак элем?

- Сиз аялсыз да, ашкана менен таанышсыз, жасап жүргөн ишиңиз го, - деп койду да чыгып кетти, ал Бүбүкан таежесиникине бармак, алар Сапарды үйлөнтмөк болуп жатышкан эле, Садыр болсо Сагынай такыр барбай койгондо ал келип ыйлап-сыктаганда:

- Сага жолугуп ишке жараксыз болдум, эми менден эмне керек, кызды кааласам мага бер дагы өз жолуңду тап, - деди Садыр.

- Садыр, мени кечир, мени кызымдан ажыратпа, сен эмне десең баарына көнөйүн.

- Жок болбойт, сен менин көңүлүмдү калтырдың.

- Үйүңө кызматчы болууга даярмын, - Сагынай ыйлап ийди, - Мен сени сүйөм!

- Кайдагыны айтпа Сагынай, мен сага эч нерсе бере албайм, анткени менин жашым улгайып калды, сүйүү деген менин оюма келбеген иш.

- А мен сени сүйгөнүм үчүн баарына даярмын.

- Садыр, - деди алардын сыртта сүйлөшүп жатканын угуп Бүбүкан келип, - Сен дагы бир мүмкүнчүлүк бер Сагынайга, балким эми баарын ойлонгондур?

- Бүбүш...

- Ооба, сени эркек дейт, эки аял алууга акың бар, эгерде уулубуз болсо балким мен макул болбос белем, сенин уулдуу болушуңду мен дагы тилейм.

- Бүбүш, бул болбогон нерсе го, пешенемдеги кызыма татыктуу ата болсом жетээр.

- Эми сенин эки кызың бар, Сезимди мага берип силер дагы жашап көргүлө.

- Эже, сизге ыраазымын, - деп Сагынай ыйлап турган абалында ага жакын келди, - Мен сизге өмүр бою кызмат кылам.

- Мейли, сен мага эмес Садырга уул төрөп берсең болду, киргиле үйгө сүйлөшөлү, - деген Бүбүкан алдыга басты, Сагынай ичке киргени үй жасалгасын, буюмдарын көрүп ичинен: "Колунда бар экен, мындай жашоого неге менин акым жок, мен мунун баарын өзүмө тартып алуум керек, аялынын эсебин табамын", - деген азгырыктуу ойго жетеленди, үчөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан Бүбүкан аларга нике кыйдырмак болду. Батирге кетмек болду Сагынай, Садыр аны менен кеткиси келбей:

- Сен эми бара бер, мен анан барам, - деди шылкыя.

- Садыр, бүгүн баргыла, эртең ошол үйгө барабыз да нике кыйдырабыз, эгерде макул болсоңор Сезимди алып келип мен карай берем, - деди Бүбүкан.

- Эже, мен эч кандай арданбайм, каршы болбосоңуз бул жерде эле болсок кандай болот?

- Сагынай, болбойт андай? - деди Садыр.

- Эмнеге болбосун, Сагынай адегенде өз туугандарына түшүндүрүп койсо келе бергиле, - деди Бүбүкан камырабай, ал Сагынайдын ички арам оюн кайдан билсин.

- Ооба, мен баарына айтамын, - Сагынай кубангандай карады, - Сиздей ичи кенен аялдын кызматын кылууга даярмын!

- Кызмат кылба, сен бул үйгө бир мүчө катары келесиң, мен дагы кызыма түшүндүрүп айтып коюум керек, азыр мен аларга барайын, сен төркүндөрүңө ачык айт, - деди Бүбүкан. Садыр буга каршы болгусу келди, бирок Бүбүкан аны сүйлөтпөдү, алар кеткенден кийин шаарга көчүп келип жашап жатышкан кыз-күйөөсүнүн үйүнө жөнөдү. Гүлия баласы менен үйдө, Тариел жумушунда болчу. Гүлия апасын көрүп кубанып кетти.

- Апа, келгениң жакшы болбодубу, Баел экөөбүз жалгыз тамак иче албай жаттык эле, - Өбүшө төргө өткөрдү.

- Уулуң чоңоюп жатабы кызым?

- Мына күлүп калбадыбы таенеси, - Гүлия кубанычтуу баласын кармата койду, - Кана уулум, таенеңди шылдыңдап күлүп койчу.

- Секетиң кетейин десе, бактың кут болсун.

- Апа, капалуудайсыз го?

- Капа эмесмин кызым, сени менен маанилүү ишти кеңешип айтып коюуга келдим, - Бүбүкан оор үшкүрүнө кызынан көзүн ала качты.

- Кандай маанилүү иш апа?

- Атаңа аял алып берсем дейм.

- Эмне-е?!

- Ошондой болсо дурус болчудай, анын дагы уулум жок деген арман менен бул дүйнөдөн өтүп кетүүсүн каалабадым, улуулардын ошондой кылганын көп эле укканмын, өзүмчүлдүгүм ата-энеме эркелеп өскөнүмдөн улам болсо керек, эми мен акыл токтотуп, токтолгон аялдын көз карашы менен карасам дейм, анын үстүнө атаңдын андан бир кызы бар...

- Ыя?!

- Ооба кызым, ал күнөөлүү эмес, муну сенин билишиңди туура көрдүм, - Бүбүкан кызына болгонун айтып берди, - Эми менин тоскоол болгонум болбойт, Сезим бир жаштан өтүп калыптыр...

- Ошондойбу? - Гүлия ойлонуп отуруп калды.

- Кызым, буга атаңды күнөөлөп болбойт, баарына мен күбөмүн.

- Кантип эле апа?

- Антпесе болбойт, Сапар өз атасын тапты, эми атаңдын санаага батып, уулум жок деп арман кылганын көргүм келбейт, - деп Бүбүкан түшүндүрүп анан алардын үйүнөн Алтынайга чалган, дал ошол күнү Сагынай менен Садырдын никеси кыйылмак, Айдардын колу бошобой өзү келди, Гүлия дагы келип калган, Сагынайдын бир эжеси, агасы менен бир иниси келди, Зыпар келе албады. Бирди союп нике кыйдырган соң төркүндөрүн коноктоп анан кийит кийгизишти, Алтынай ошондо гана жездесинин төрөтканадагы: "Кыздуу болдуңуз", - деген сөздү укканда тайсалдай түшкөнүн эстеди, Сезим Анвар экөө эки күн айрыма болчу. Ошентип Бүбүкан күйөөсүн Сагынай менен бир бөлмөгө бөлүп койду, ошол түн ал үчүн абдан оор болду, түйшөлүп уктай алсачы, аттиң десеңчи балапан кезинен баш кошкон жарын чоочун бирөөнүн койнуна салып берүү оңойбу, аргасыз тагдырды күнөөлөп көзүнүн жашын көлдөтүп жатты. Ээн талаа эрме чөлдө жардамсыз калган алсыз чымчыктай жүрөгү канжар менен сайгылагандай улам тыз-тыз этип чабалактай оодарылып үшкүрүнүп алып таң атканча көз ирмебеди. Садырдын абалы андан дагы жаман эле, ал мурда Сагынайга алгач жолугуп аялын жазгырганда мындай абалда болбогон экен, анда ал Бүбүкандан өч алгысы, ажылдагынан кутулгусу келген, бирок азыр анын көз алдында жакын эле бөлмөдө чоочун аял менен жатканын күнөө деп эсептеди: "Ал ыйлап жаткандыр, жүрөгү ооруду го байкуштун, кантип чыдап жатат деги, же чын эле мени балалуу болсун деп жаткан окшойт, байкушум ай, кандайдыр өзү башкача болуп кетти, пейили өзгөрдү, мындай эмес эле го, ажылдаган кыялы калды", - деп толгонуп жатып ал дагы уйкудан калды. Эртең менен Садыр чайга отурганда:

- Бүбүш, биз бул жерде болгонубуз болбойт, сага дагы оор, кары болбосоң, - деди ойлуу.

- Эмне кылайын дейсиң? - деди Сезимди алып отуруп Бүбүкан, Сагынай ашканада чай коюп тамак даярдап жаткан.

- Биз бөлөк эле турганыбыз жөн го?

- Өзүңөр билгиле...

- Сага дагы, мага дагы оң болоор...

- Мейли.

- Садыр, кетпей эле коелучу, - деди муну келе жатып уккан Сагынай, ал Бүбүканды жалынсыз көз көрүнөө күйгүзүп түпөйүл ооруга чалдыкса деп турду оюнда.

- Жо-ок Сагынай, биз бул жерде боло албайбыз, - Садыр бүтүм чыгара айтты, ошону менен эч кимиси сүйлөбөй калды, ошол күнү алар батирге келишти, Сагынай тултуңдап жатты, ага Садыр көңүл бурганда жок, ал өзүнчө эс ала түштү, үйүндө Сагынай менен үйлөнүп алып анын жүзүн кароо өтө оор болуп туруп алган эле, канткен менен оюнан ал такыр кетпей тез өзгөргөнүнө таңгалат: "Сагынай анын көкөйүнө тийген сөз айткан окшойт, байкуш десе ушинтти дебей кайра анын башына ак жоолугун салып ак батасын берди, эринин башка менен жатканы ага оңой болмок беле, көздөн далдаа болгонубуз жакшы эмеспи", - деп ойлонуп жеңилдеп алды. Эки-үч күндө ага барып турат, анда Сагынай аны кызганганы менен: "Акыры бир эркек төрөп алсам кайда барат элең, аялыңдын ишеничине кирип алып анан аны келбес жайга кетирсем заңгыраган үй меники болбой кимдики болот эле, чыдашым керек", - деп өзүн жооткотуп убакыт өтүп жатты. Айткандай эле боюна дагы болуп узи деген пайда болуп анын ичиндегисинин кыз эркегин айкындай турган аппарат чыкканын угуп Садырдын жанын койбой ээрчитип барды. Ооба, көктөн тилегини жерден чыккандай эле уул деп көрсөттү, мына ошондон баштап Садырдын кубанганын айтпа, Сагынайдын оозунан чыкканын аткарат. Экөө кээде Бүбүканга бирге барышчу болду, Сезим болсо Бүбүканды апалап көнүп калган, алар ошол күнү Сапарды үйлөнтүү үчүн сүйлөшмөк, бирок Сапар өзүнчө кыйналып жүрөт, аны Рустам өзү үйлөнтөм десе ал Садыр менен Бүбүканды кыя албайт, ошондо токсонго чыгып калган Айша эне:

- Балам, - деди Рустамга карап, - Аларга туура түшүн, Сапарды ымыркайынын бакты, өз баласындай асырап өстүрдү, келинди биринчи алардыкына киргизгиле, силер да карап турбай каадаңарды кыла бергиле, уулуң аман турса келин сени эмей кимдики болмок эле, алардын көөнүн суутпа, - деди. Рустам аргасыз макул болуп алардыкына келди Асия экөө, Бүбүкан жакшы тозуп алып чогуу кеңешишти да келинди киргизмек болуп калышканда ал кызды бирөө ала качып кетип Сапардын көңүлү чөгө түштү. Алтынай менен Гүлия кеңеше коюп мектепке жаңы мугалим болуп келген Азаданы ала качып эле келишти. Ал келгенде эч кимисин жолотпой сотко берем деп бакырып ыйлап ата-энесин чакыртты эле атасы нарктуу адам экен жеңесин жиберип алакандай кат жазып бериптир, Асылай келип эле кайын сиңдиси менен бөлмөдө жалгыз калтыруусун өтүндү, баары чыгып кеткенден кийин үндөбөй катты берди, атасы катка минтип жазган эле: "Кызым, таш түшкөн жеринде оор деп бекер айтылбаган, биздин урукта эшик аттаган кыз кайрылып келген эмес, намысты сакта кызым, апаң экөөбүз ак батабызды бердик, бактылуу бол", дептир. Азада көзүнүн жашын төгүп эле отуруп калды, колундагы катты бекем уучтап муңканып турду:

- Жеңе, менин сүйлөшкөнүм бар эле...

- Азада, сен түшүнүктүү кызсың, пешенеңе жазып койсо кантесиң, эгерде ал жерден кетем десе үйгө келбесин деди, - Асылай кайын сиңдисин соорото кучактап чачынан сылады.

- Жеңе, мен бул баланы такыр көргөн эмесмин.

- Эчтеке эмес, чынында ушундайы жакшы болот, эч кабатыр болбо, көз жашыңды аарчы, жакшы эле жер экен, жалгыз бала дешти.

- Кантип, мен Азизди кантип унутам?

- Болду, ата-энеңдин бетине чиркөө түшүргүң келбесе отурган кыз орун табат бол! - деп Асылай ага катуу айтып эшикти ачты, - Кире бериңиздер, мен кетейин.

- Кудагый, отуруп конок бол, азыр ачуу басарын жөнөткөнү жатабыз, - деп Бүбүкан аны кетире койбоду, Азаданы көргөн Сапар деле анча көңүлсүрөбөдү, ал өзүнүн сүйгөнүн эстеп кабагы карыш түшүп отурганда Гүлия келди да кийинтип, келинди алып чыгып улактын өпкөсүн чабышты, экөө бири-бирин жал-жал карап тим болушту, Сапардын классташтары музыканттарды жалдап келип заматта үйдүн айланасы шаңга айланды. Ошондо союлган койдун эти бышып жаштарды келин отурган бөлмөгө киргизишти, Азада Сапарды бир карап алып көңүлү тына түштү, ага Сапар бир көргөндө жакты: "Сырты сымбаттуу эле экен, акылы кандай болду экен, Азизди кантип унутам, ал укту бекен, укса эмне болду", - деп ойлонуп алып купуя жылмайган жүзүндө арсарлык турду. Келин үч-төрт күн болгон соң Рустамдын үйүнө бармак болуп Сапардын достору беш-алты унаа менен камерага тартып алып жөнөштү, ал жакка Алтынай, Айдар менен Гүлия, Тариел экөө, Садыр менен Бүбүкан болуп чогуу барышты, колу-коңшулары эбак эле келин келет деп дүргүп жолду аркан менен тозуп Жатышкан эле. Сапардын классташы Артур түшө калып:

- Ылайым айылыңыздарда той боло берсин, Сапар менен Азада бактылуу болсун энелер, эжелер, карындаштар, мынакей алыңыздар, - деп эки жүз сом сунду. Кээси мындай ырымды билбегендиктен таңгалып жатышты, беш-алты жерден тозуп анан үйгө киришти, келинди босогодон Айша эне тозуп алып жоолук салды:

- Айланайын, ак жолтой ак жүздүү бол, алганың менен тең карып, уул өстүрүп, кыз чыгарган балпайган кадыр-барктуу үй-бүлөөдөн болгула! - деп ак жоолугун салды, - Азада ага ийиле жүгүндү, - Кудай жалгасын садага, ушуга шүгүрлүк, неберемдин келинчегин дагы көрдүм, учуңар уланып көбөйө бергиле!

- Апа, келинди киргизели, - деди Асия.

- Ооба-ооба айланайын, мен сүйлөп тура бергенимди кара, чачыла чачтыңарбы?

- Чачтык апа, жүрүңүз ичке кирели, - Асия кайненесин өз бөлмөсүнө алып кирди.

- Кудай кут кылсынчы, балдарым токтобой ушул Рустамды кырктын кырында көрдүк эле, аман болуп бир чоң айыл болсо экен айланайын, - деп Айша эне сүйлөнүп жатты, келинди жасалгаланган, көшөгө тартылуу бөлмөгө киргизишти. Келин көргөнү келгендер жоолугун салып, жаштар музыканы коюп ойноп күлүп Рустамдын бактысында чек жок. Садыр бажасы экөө, кайнежеси болуп бакылдашып отурушат, Айша эне төрдө, сыртта кой союлуп бир бөлмөдө жаштар шарактайт, Асия чай куюп казан аягы менен алек. Азада тең-туштарына чай куюп отурат, ал Сапарга көнө түшкөн, кыязы убактылуу сүйүү экенин сезгенби, Азизди бат эле унутта калтырды, тагдырдын бурулушу ага өз белегин даярдап, бактысына жакшы жигитти жазгандай эле ыраазы, атасына миң мертебе рахматын айтат.

- Кана Азада, Сапардай достун татыктуу жубайы бол, - деди Артур.

- Рахмат, аракет кылам, - деди жылмайган Азада.

- Аяш, Сапар экөөңөрдүн бактылуу болушуңар үчүн! - дешип достору уу-дуу, ошол учурда Сапар чоң энесинин берген шакегин алып келип Айшага барды:

- Чоң эне, небере келиниңизге өз колуңуз менен салыңыз, - деп колтуктап өздөрү отурган бөлмөгө алып кирди, - Азада, Чоң энеме жүгүн, чынында эртең менен кечинде жүгүнүп турушуң керек, - деп күлдү.

- Ооба-ооба, энемдей кишиге алдынан чыккан сайын жүгүнсө аз, - дешип кызуу болуп калган балдардын бири.

- Жүгүнөм, неге жүгүнбөйм, карысы бардын ырысы бар дешет го? - Азада күлүп ийиле жүгүндү.

- Бар бол садагаң кетейин, көшөгөңөр көгөрсүн, келе балам, - деп Айша эне шакектерди Сапардан алды, - Бул шакектер эки кылымды өткөргөн буюмдар, силерге бак-дөөлөт алып келсин, ылайым жубунан ажырабаган ак-куудай бири-бириңден бөлүнбөй түбөлүк бирге жашагыла, - деп экөөнө эки шакекти салып колдорунан өптү, - Берекелерим, чүрпөлөрүм аман болгула!

- Рахмат сизге, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз, - дешип ийиле таазим этишти уул-келини.

- Эми мага жашоонун кызыгы калбады балдар, силер аман болгула, - деди Айша эне, аны кайра эле Сапар алып чыгып кетти, аны Асия издеп жаткан, ал көрүп Бүбүкандардын үстүнө алып кирди, ал тура калып учурашты:

- Кудагый, күлүү-күчтүү демдүүсүңбү?

- Шүгүр айланайын, сен Бүбүкансыңбы?

- Ооба кудагый, келе албай эле...

- Мейли, шартыңа карайсың да, асты неберемди аман соо колубузга тапшырганың жакшы эмеспи айланайын, кызың турмушка чыктыбы?

- Ооба кудагый, балалуу болуп калды.

- Болсун айланайын, Садыр аман-эсен жүрөбү?

- Жарыктык, азыр эле учураштым го? - Садыр күлүп калды.

- Аа-а кокуй, көз болбосо ушул экен да балдарым, - Айша кейий отуруп калды.

- Өзүңүз демдүү жүрөсүзбү кудагый? - деп калды Садыр.

- Кудайга шүгүр айланайын, алланын берген жашын жашап жатам, аллага шүгүр уул-келиним ардактап багып отурат, карылык чидерленген аттай деп бекер айтпаптыр го, бу карыгандан кийин айрыкча көз болбогон соң жашоонун кызыгы калбай калат экен, күн чыгып кайра батканын көрө албасаң, түндөй карарып бир чекитти тиктеп отургандын өзү оор болот тура, жашаарымды жашадым, эми ушул балдардын алдында тоюмчулук учурда ала турганын алса болот эле...

- Апа, кой антпе, эми Бексултан менен Нурсултандын аялын көрүп, Сапардын балдарын колуңа алсаң, - деп бакылдады Рустам.

- Ооба десең кудагый, кудай берген жаштын үзүрүн көрүңүз, - деди Бүбүкан шыпшына, - Көп жашаганы үчүн наалыган күнөө экен кудагый.

- Аның чын, наалыбайм деле, болгону көп жашаган адамга өмүрдүн кызыгы болбой калат тура, - Айша эне үшкүрүп койду. Аңгыча эт бышып коңшу-колоңдору менен туугандары келип келин келген күн тойго айланды, туугандарына Рустам:

- Келин той менен апамдын токсон жашын кошо беремин, эки бээ соем, - деп бакылдап той күнүн белгилеп салды, туура он күндөн кийинкиге болжоду...

Зыйнат абдан жүдөдү, ал эки-үч жолу кызматчы алып келсе Айдар кетирип жиберди, ал жинденип Айдарга:

- Эмнеге кетиресиң, мен бала менен колум тийбейт, кызматчы керек, - деди эле:

- Апам деле бизди кызматчы жок эле баккан, - деп басып кетти, айласы кеткен Зыйнат андан башка эчтеке дей албады, Батманы Нурдин өз үйүнө алып кеткен, ошол күнү уктап жатса Нурдин Тинатин менен сүйлөшүп отуруптур, Батма туруп аларга барайын десе тура албайт, анан: "Сен Зуурасың го, менин түгөйүмсүң, өлүп калбадың беле, Нурдин менин күйөөм", - десе ал ага бурулуп: "Билем, бирок мен силердин балаңарды өзүм багам", - дегенде Батма: "Мен сага неге баламды берем, бербейм эч качан", - деп кыйналып жатты: "Жо-ок, биринчи балаңарды мен алам, бербегенге алың жок", - деп каткырат, "Нурди-ин, Нурдин балабызды бербейм", - деп бакырып жатып ойгонуп кетти, Нурдин ойгонуп караса, ал кара терге түшүп тырмалап жатыптыр:

- Батма, турчу Батма сага эмне болду? - деп жулкулдатып ойготуп жиберди:

- Ап-па! - деп чоочуп тура калды Батма.

- Сага эмне болду? - Нурдин келинчегин үрпөйө карады.

- Ичим, ичим ооруп жатат, Нурди-ин толгоо башталды окшойт, - Батма кыйнала ичин бекем кармап ыйлап кирди, аны дароо эле төрөтканага алып барышты, төрөй албай кыйналып жатып уул төрөдү, бирок бала тумчугуп калган экен жарым саат өтпөй эле чарчап калды. Батма көзүн жумуп жатып ыйлай берди:

- Алтыным, капаланбачы эми, өзүң аман калганыңа кубанып жатам, - Нурдин аны жубатып жатты, - Аман болсоң дагы да балабыз болот.

- Ал эми бизге бала бербейт, ала берет, ала берет! - деп ыйлай берди Батма.

- Ким, эмне деп эле жатасың?

- Тинатин, Зуура беле, ал бизге бала карматпайт, ал менин түшүмө кирип балаңарды мен багам деген, ал айтканын кылды, мен адаштым, сага турмушка чыкпай койсом болмок экен, жаңылыштым Нурдин:

- Андай дебечи алтыным, биз балалуу болобуз, көрөсүң го?

- Жок ишенбейм, ал бизге тынч жашоо бербейт Нурдин.

- Болду, өзүңдү кыйнай бербе, жатып эс ал, - деп Нурдин аны сооротуп жатканда Жаныбек менен Айдар кирип келди, артынан Алтынай келди:

- Кызым.

- Айдай.

- Ата-а!

- Болду кызым болду, баарын уктум, башыңар аман болсо балалуу болосуңар.

- Апа, мен эми Нурдинге барбайм, аны менен жашабайм!

- Муну кийин сүйлөшөлү кызым, өзүңө кара, ооруп калба.

- Зуура өлсө дагы бизди жашатпайт ата.

- Эмне дейт?

- Ошол түшүмө кирип балаңар менде болот, мен багам деген, ошол алып кетти ата, - деп ыйлай бергенинен улам врач ага эс алдыруучу укол сайды, анан уктап калганда Айша келди, ага Нурдин болгонун айтып берди, баары унчукпай отуруп калышты, акыры аны өз оюна коюп Жаныбектикинде болмок болду, Айша ыйлап-сыктап кызын узатып алар менен кошо келди, аларды коноктоп Зыйнаттын отураарга чамасы болбоду, Алтынай дагы унчукпай баласын алып коноктор менен отуруп алды. Бирде чайга, бирде тамакка чуркап отура албады, ал ошондо баягы өзү иштеп жүргөн кезин, Салиманын чоюлуп отуруп даяр тамак ичип туруп кеткенин көз алдына келтирип: "Эмнеге мен анте албайт экенмин, уул тууп бердим, мен сыйга татыктуу эмесминби, мунун баарына Айдай күнөөлүү, ошол кылып жатат, кудай ошонусу үчүн анын баласын алды, чала болду", - деп жини келип жатты. Ал табасы кайрылып келип башына келээрин билбеди, алланын: "Кечирем, бирок кеч жеткизем, бири-бирине жоолашып жамандык кылган пендени сынап көрөм, адам катары жашай албаса жазасын берем", - дегенин элден анча мынча угуп жүрсө да көр пенделигин кое албаган көптүн бири катары эле Зыйнат дагы пенде экенин алланын алдында бирдей экенин оюна алгысы келбеди. Аны эми бул үйдө боло турган болсо жоготмок болуп турду. Нурдинди Батма жакшылыкча гана айтып келтирбей коюну ойлоду, Айша ыйлап-сыктап үйүнө кетти, анткени Батма аны менен сүйлөшкүсү келбеди, ошого ыйлап кеткен эле.

- Кызым, өзүңө этият бол, көп ойлоно бербе, - деди Жаныбек.

- Ата, көз алдыман көргөн түшүм кетпей жатат, ал эми Нурдинге зыян кылбайбы?

- Кудай сактасын кызым, жаман ойлоно бербе, - Жаныбек чекесинен өөп үстүн кымтылап кетмек болду, - Уктай гой кызым.

- Ушундайда апам болгондо кандай жакшы болот эле...

- Айла канча, арга жок, ойлоно бербе, - деди да чыгып кетти, анын бөлмөдөн чыгып келе жатканын көргөн Зыйнат:

- Деги бул кыз сени тынч койбоду го, сен өз балдарыңды ойлобой эле ошонун кашында болуп калдың, - деди тултуңдай, - Мен болсо сенин аялың эмес күң болуп калдым.

- Сен кызга тийишпе, ал жөнүндө ооз ачпа дедим эле го?

- Эмнеге, өз каныңдан жаралган балаң ооруп жүрөт, баланын тил-оозу жок, ыйлаганы күчөп бара жатат, ооруканага көрсөткөнгө сенин чамаң жок, Бектурду жумушка ал десем болбодуң, аларды болсо кууп чыгышты, же иши жок же батирге төлөй албай кыйналышты, - деп оюндагысын булкулдай айтып алды. Чынында Жапар алты айлыгынан ооруп калды, Жаныбек врачка көрсөттү эле ал баланы көрүп жүрөгүндө тешик бар экенин айтты, көпкө ооруканада болду, үйгө чыгып келгенде Алтынайлар балага карап аны жумуш жасаткан жок. Көп өтпөй эле уулу ысытмасы көтөрүлүп үч күн жатып чарчап калды. Эми Зыйнат боздоп отурду, күн өткөн сайын азасы да бүттү өз ишине киришти, ал эми боюна болушун тилеп жатты, ошондой күндөрдүн биринде Бектур келип ага жолугуп кетти, анын эмнеге келгенин эч ким билген да, көргөн да жок. Зыйнат Батманы жоготуу үчүн инисине дачалардын бирин таап берген, Батма ошол күнү өзүн алаксыткысы келип үйдөн чыкты, ээн жакка барып ойлонгусу келип кетип жатканда анын артынан Бектур жалдаган унаа жыландай сойлоп кетип жатты, аны байкабай ээн жерге барып унаасынан түшүп: "Мен туура кылган жокмун, Нурдинди минтип таштаганым болбойт, эми келсе аны кетпе, өзүбүзчө жашайлы деп айтуум керем", - деп ойлонуп турганда анын унаасынын жанына бир кара унаа келди да бет капчан экөө түшүп Батманы кармаганда зорго эми өзүнө келе баштаган Батма коркконунан эсин жоготуп койду, алар коркуп кетти эле Бектур:

- Өлбөйт, алып кетебиз, - деди акырын, жанында отургандарга, - Оозуңардан чыгарбагыла, алчууңарды аласыңар, бул бир фирманын президентинин бакма кызы, бул үчүн миллионду сыгабыз, - деди.

- Андай болсо баары жайында, бээ көрдүңбү жок! - деди бири күлүп.

- Ошондой, бириң унааны айдап барып жол боюна таштап койгула, бизди кайдан тапмак эле, - деп Бектур аларга керсейди. Дачага алып барып оозун, көзүн таңып отургузуп койду, Бектур ага сүйлөбөйт, эртеси эле Бектур келип алардын эшигине кат таштап кайра билмексен болуп үйгө кирди. Жаныбек эч нерсе менен иши жок отурган, Батманы алар Нурдин менен кеткен го деп ойлогон эле, ошол учурда телефон чыр эткенинен Жаныбек ала койду:

- Эмне-е, өзү кайда кетиптир? - деп трубканы коюп шашылыш кийинип жөнөдү:

- Эмне болду, тамак даяр болуп калбадыбы? - деген Зыйнатка:

- Батма жок, унаасы табылыптыр, - деди токтой калып, - Силер иче бергиле!

- Мен бирге барайын жезде? - деди Бектур калп эле.

- Керек эмес, - деп коюп чыгып кетти.

- Таап көрсүн, - деп эжесине көзүн кысты Бектур.

- Билинип калбагыдай бол, бул иш оюн эмес, Жаныбек азыр тамырлуу болуп калган, иши да өрүүлөп бара жатат, сени соттоткондон кайра тартпайт.

- Коркпо эже, мен бул көпөстөн миллионду өндүрөм, кызын кандай жакшы көрөөрүн билебиз да, - деп күлүп койду.

- Сен кет эми, - деп жатканда Алтынай кирди, анын колунда конверт бар эле, келе жатып көрүп калып алып келе жаткан:

- Жеңе, атам барбы?

- Ал Айдай жок деп бир жакка кетти го?

- Мен дагы ошол үчүн келгенмин, Айдар чалды.

- Колуңдагы эмне?

- Муну эшиктин алдынан алдым, кимдир бирөө таштаган го?

- Ким таштады экен?

- Билбейм, ачып көрөлүбү?

- Көрүш керек, же жездеме келди бекен, анда ачканга болбойт, - деди Бектур билмексен боло.

- Жездеңдин жашыра турган эчтекеси жок, ача бер Алтынай, - деп Зыйнат дагы эчтеке билбеген болду, Алтынай ачып окуп оозун колу менен жаба калды.

- Эмне болду? - Зыйнат менен Бектур ага жакын келди.

- Эгерде миллионду өзүңдүн балаң коюлган мүрзөнүн үстүнө таштасаң Батманы аман табасың, болбосо үмүт кылба, кызыңдын сөөгүн бөлөк-бөлөк кылып эшигиңдин алдынан табасың, милицияга билдирем деп ойлобо", - дегенди окуган Алтынай ыйлап ийди, - Демек муну билген эле бирөө алып кеткен, - деди Алтынай.

- Жаныбектин ишине байланыштуу го, анын көралбастары эле кылды, - Зыйнат калп эле күйүп бышкан болду.

- Атама ким өчөшмөк эле, эч кимге жамандык кылбаса, мен муну Айдарга берип текшертем! - деп Алтынай шашыла жөнөдү.

- Тура турсаң боло, балким Жаныбек келип калаар, - демиш этти Зыйнат.

- Жо-ок, атам кеч келиши мүмкүн, - деп кайра телефонго жетти да тере баштады, - Ало Айдар, атам бардыбы? Анда мени күткүлө, менде кат бар, - деди да чыгып кетти, Зыйнат аны узата чыгып унааны айдап жүргөнүн көрүп ичи күйүп кетти: "Келинине унаа алып берет, кызы менен күйөөсүндө өзүнчө унаасы бар, менин төркүндөрүмдү катарга албайт, көрөөрсүң эми, акчаны берген күндө дагы кызыңды көрө албайсың, бутума чалынгандарды тазалап жок кылам", - деп ойлонуп ичке кирди:

- Кеттикпи? - деди Бектур.

- Ооба, тим эле өз бир тууганы өңдүү күйүп бышканын кантейин.

- Жакшы, эже ушул кыздын көзүн тазалап салбайынбы?

- Азыр кое тур, акчаны берсе анан көрөбүз, сен этият бол, бүгүн эч жакка барба.

- Аида менен Гүлзатка айтып коюп келейин.

- Анда бара бер, кечинде чалып билип кой, күмөн санабагандай болсун.

- Кам санаба эже, иги-жигин билгизбейм, - деп Бектур кетип калды. Алтынай жетип эле кабинетке киргени бара жатып Нурайды көрдү, ал баш ийкей күлүмсүрөп койду, ал шашыла кирип катты Айдарга берди, ал атасына сунду:

- Бул кимдин колунан келиши мүмкүн? - деди катты окуган Жаныбек.

- Билбейм, - деди Айдар, - Алтынай сен бара бер.

- Макул, этият болуңуз ата, бул атайын кылган иш болбосун.

- Камсанаба кызым, баланы жакшыраак кара, - деди Жаныбек айласы кетип чарчагандай.

- Макул ат, кудай колдосун, - Алтынай Айдардан чочулаганын айта албай чыгып бара жатып артка бир карап алды.

- Ата, Айдайдын кайда экени дайын болду, эмне кылабыз? - деди Айдар ал кеткенден кийин.

- Сураганын берүү керек го дейм.

- Мен дагы ошентип ойлойм.

- Эмесе мындай, биз акчаны алып барабыз да аңдып турабыз, мынча алып кеткендер куралсыз болбойт, артыбыздан сөзсүз бирөөлөрдү коюшубуз керек, болбосо кыздан айрылып калбайлы?

- Туура, менин досумду алалы, ал дагы кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө эмеспи.

- Албетте, сен ага айт, шум көтөрбөш керек, балким булардын тамыры терең болуп жүрбөсүн, алар эчтекеге карабай өлтүрүп коюп ыргытып жиберет.

- Эч ким билбей турган болсун ата, ал тургай Зыйнат жеңем дагы милиция катышаарын билбеши керек.

- Эмнеге ал...

- Ата, ал аял да, бирөөгө жобурап койсо дароо угулат.

- Ырас айтасың, - Жаныбек ойлонуп калды. Анан Жаныбек Айдарды банкка жөнөттү, - Сен акчаны алып чык, дагы кабар болсо алып барабыз, эгерде тажрыйбалуу немелер болсо баарын билип коет, сак болуу керек, баса үйгө телефон чалбады бекен?

- Билбейм, - деди Айдар, алар ээрчише кабинеттен чыкканда Нурай аларга карады.

- Сен бара бер Нурай, - деди Жаныбек.

- Макул, - Нурай кагаздарын жыйнап жатып, - Сизге жана бирөө айтып кой деди эле, - деп кайрылды.

- Эмне деп?

- Кечинде чалам деп...

- Ким экенин айтпадыбы?

- Өзү билет дегенден башка айтпады.

- Мейли, - Жаныбек шашыла жөнөп кетти, Айдар Алтынайды, акчаны алып атасынын үйүнө келди, баары үңкүйүп бир коңгуроо болобу деп күтүп күүгүм киргенде дарбазанын коңгуроосу кайра-кайра басылды, Жаныбек менен Айдар чыкса эч ким жок, бирок эшикке кыстарылган конвертти көрүштү, Айдар алды да айрып жиберип катты ачык окуду:

Эртең кечке айткан акчаны алып барбасаңар кызыңдан үмүтүңдү үз! - дептир.

- Демек булар телефон чалбайт, изилдеп таап алат деп коркот, - деди Айдар.

- Андай болушу мүмкүн, эртең өзүм алып барайын, бирок акчаны алып Айдайды бербей койсо кантебиз? - деди Жаныбек.

- Антиши да мүмкүн.

- Акмактар десе телефон чалса акча берген жерге алып кел демекмин да, кызым байкуштун алы не болду? - Жаныбек отура калып тура калып тынчы кетип жатты.

- Тигилерге айтабызбы ата?

- Жана Нурдинге айтканда болмок да.

- Сиздин уруксат жок кантип айтмак элем?

- Эртең айтуубуз керек.

- Макул, - деп үңкүйүп отуруп калды Айдар. Ошентип алар түнү бою укташпады, таң эрте кайдан укканы белгисиз Нурдин келди.

- Эмне болду, кандайча алып кетишти? - деди ал алаңдай.

- Билсек кана, үйдөн өзү чыккан экен, - деди Жаныбек.

- Ооруп зорго жүргөндө куурады го?

- Мына, - Айдар ага эки катты сунду.

- Ушундай экен да, демек ата сизди билген эле бирөөнүн колунан келди го?

- Кандайын билбей башыбыз катып отурат, - деди Жаныбек алакан жая.

- Эртең акчаны алып барабыз, кандай болгондо дагы Батманы аман алып калышыбыз керек, - деди Айдар.

- Акырындан милицияны артынан аңдытсак болбойбу? - Нурдин экөөнү карады.

- Болбойт, - деди Жаныбек, - Алар кокус уюшкан немелер болсо кызга зыян кылып коюшу мүмкүн, этият болуп Айдайды эле куткарып алуубуз керек, алар Айдайга көнүп алышып бирде Батма, бирде Айдай дей беришчү болгон.

- Өтө кооптуу, милицияга айтканда болбойт, - Айдар дагы анысын коштоду.

- Туура, андай болуусу дагы мүмкүн, - Нурдин ойлонуп отуруп калды, Зыйнат ашканага бара жатып күлкүсү келип жылмайып алды: "Азамат иним, демек булар андан шекшинбейт экен, буларга эки миллион дегенде болмок экен, билинбей калмак тура", - деп көзү тойбой лаписи бузула түштү. Бирок бир кезде ушунусу үчүн өкүнүп калаарын, иниси түрмөгө кетээрин ойлогон да жок. Эч жакка барбай кечки саат сегизди күтүп отурушту, ошол кезде Акмат менен Айша келип калды:

- Ыя айланайын, Батмага эмне болду? - Айша кирип эле сурады.

- Сабырлуу болуңуз, эч кандай коркунуч жок, бүгүн үйгө келет кызыбыз, - деп аны жооткоткон болду Жаныбек.

- Угуп эле тынчыбыз кетти, - деп Акмат аларга алмак-салмак карады.

- Буйруса баары жакшы болот, коркпой кудай деп туруңуздар, - Жаныбек Зыйнатка кайрылды, - Тамак ас, бу кишилер бүгүн бизде конок болот, Айдай келсе майрамга айлантабыз. Зыйнат: "Көрөм акчаңан да кызыңан да жок каласың", - деп ойлонуп кирип кетти...

Бүбүкан Сезимди эрмек кылып кирип-чыгып жумушун жасап жүрө берди, Сапар атасыныкына үлпөт тою өткөнчө боло турган, ал Садырдын балалуу болооруна ичтен кубангандай өзүнө ыраазы: "Ээ жараткан, жаштык кылдымбы, же жамандыгымбы, аны башкага кетип калат деп кызганып жүргөнүмдү кечире көр, өзүмдү гана ойлонуп анын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын сезбеген экенмин, көрсө эркектер өзүнүн артында уул бала калып анын өмүрүн улантышын каалап күтөт тура, Сапарды өз балабыз болуп калат деген оюм туура эмес экен, көрсө ал башканын тукумун улантчу данек тура, мен аны айтпай, эч ким билбесе эле өзүбүздүн бала болуп калат деп жүрбөйүмбү. Аттиң кандай өкүнүчтүү, өзүм уул төрөй албаганым, бир кыздан башка төрөбөдүм, ушунусуна шүгүр кудайымдын, маңдайымда өзүмдөн чыккан кыз бар, энелик мээрим эмне экенин билем, эне деген атка кондум, алтымыш тамырым зыркырап, денем бөлөк-салак болуп төрөт эмне экенин түшүндүм ушуга шүгүр жараткан", - деп ойлонуп Сезимди ойнотуп карап отура берет. Адам төрөлгөндө эле кыял жоругу менен төрөлөт деп коюшат эмеспи, бирок акыл-эсти пайдалуу жакка буруп, терең ойлоно билген адам өзүн сөзсүз колго ала алат. Балалык кездеги ата-эненин мээримине эркелеп, бар-жокту сезбей, өмүр канчалык кымбат болсо өлүм ошончолук улук экенин, төрөлгөн соң өлүү парз экенин биле баштаган адам ар бир кадамын тактап басып, сүйлөгөн сөзүн аярлап сүйлөп кимдир бирөөнүн көңүлүн калтырып албайын, бирөөгө зыяным тийбесин деген ой негиз алтымыштан ашып пайгамбар жашына жеткенде гана болсо керек. Болбосо байлыгы көзүн тумандаткан мансаптуулар бүгүнкү кылган күнөөсү үчүн эртең жооп берээрин, алланын алдында жазаланаарын түк да ойлошпой далай оопасыздыктарды жасап жатышканы өкүнөөрлүк. Аларга караганда карапайым адамдар топуктуу, алланы эсинен чыгарбай ар мүнөт сайын: "Ээ алла, ушунуңу шүгүр", - дегени жалган эмес. Бүбүкан ата-энесинин эркелетип өстүргөн эки кызынын бири болгон, уулу болбосо дагы атасы Жакып: "Аллага шүгүр, кыз да болсо балам бар, кыз бала кыяматтын кыл көпүрөсүнөн өткөрөт имиш", - деп коер эле. Балким ал киши өзүн-өзү соороткондур, же чындап топук кылгандыр. Кыскасы эки кызынын айтканы менен болуп, эчтекеден кемитпей алчаңдатып баккан эле. Гүлүканы өтө назик кыз болуп өскөн, өмүрү кыска экен, экинчи төрөтүнөн каза болгон, Бүбүкан сиңдисине катуу күйдү, бирок жакасы бөлөктүн жаны бөлөк дегендей өткөн убакыт аны жашоонун нугу менен жетелеп келе жатат. Негедир ал өтө ойчул да жаман-жакшыны ылгай турган болуп калды. Мурда кокус бирөө менен урушуп калса көбүрүп-жабырып анын эң жаман жагын айтып алса мөрөй алгандай болуп калчу. Эми андайын калтырды, бараандуу акыл токтоткон аял. Ал телмирип Сезимдин ойноп жатканын карап отурганда Садыр менен Сагынай келип калды, ичи билинип калган, аларды куду жакын адамындай жылмая караганы менен козголбоду.

- Апа-а, апам, - деп Сезим жүгүрүп барды аларга.

- Кызым, ойноп жатасыңбы? - Сагынай аны көтөрүп ала коюп өпкүлөп аны көздөй басты, - Кандайсыз?

- Жакшы.

- Отурасыңбы? - деп көзүн ала качты Садыр, ал али өзүн күнөөлүүдөй сезип жүргөн эле.

- Кызым экөөбүз отурабыз.

- Жакшы, Бүбүш, эт-аш жок бир кой союп алсакпы дедим эле.

- Өзүң бил.

- Эмесе мен мал жакка барып келейин.

- Мейли.

- Мен деле барып келейин, - деди Сагынай, анын оюу эптеп эле малдарын өз көзү менен көргүсү келип жүргөн.

- Сен кыйналып каласың, - деп коюп Садыр кайра чыгып кетти: "Шүмшүк десе, эчтекеге ээ кылгысы келбейт", - деп кабак түйө ойлонуп турганда:

- Сагынай, үйгө кирип чай койчу, чогуу ичели, - деди Бүбүкан.

- Макул, - деген Сагынай үйдү көздөй басып бара жатып мурдун чүйрүп: "Шүмшүктөр, күң кылып алгылары келет, жумшап оңуп калган тура, көрсөтөм силерге", - деп ойлоно чай коюп кайра чыкты.

- Сагынай, чай койсоң суу ысытып камыр жууру, койду сойсо өзүбүз ата-арбакка атап куран окуп коелу, боорсок жасайлы, арбак ыраазы болбой тирүү тойбойт дешет го, - деп кайра бак тарапты карап койду: "Гүлүкандын өлгөнүнө жыйырма жыл болуптур, Сапар үйлөндү, Алтынай балалуу болуп калды, өзү муздак жерди жазданып жатат, билүүчү дүйнө болсо билди бекен, байкушум ай бейиште жүрсөң болду, ансыз дагы төрөттөн өлгөн аялдын орду бейиш дешет экен, аяктан атамдарга жолукту бекен, алар чогуу болдубу же алланын буйругу аларды кандай жайга койду экен", - деп ойлуу ары-бери басып жүрдү.

- Апа, апа чүйчү, - Сезим колунан жетеледи.

- Садагам десе, жүрү чай ичели, - деп Бүбүкан наристенин быйтыйган колдорунан кармап алып жетелеп үйдү көздөй басты. Чай ичип болгондон кийин камыр жууруп Садырды күтүп калышты, ал бир-эки саатта келди, чоң кой алып келген экен, коңшусунун баласын чакырып келип союп бат эле жиликтей салышты да казанга салганын салып, калганын экиге бөлүштү, анан тамак бышканча боорсок жасап бүтүп эт бышкандан кийин куран окуп анан тамактанып Садырлар кетишти, кайрадан Бүбүкан түпсүз санаанын кучагында калды: "Эки күндөн кийин сапардын тоюу болот, аларга эмне белек кылсам экен, өз баламдай эмеспи, бир жагынан бир боорумдун баласы эмеспи, келинди алгач көңүлүбүздү кыйбай биздин үйгө алып келди, бул ыймандуулуктун белгиси да, садагам десе эки ортодо кыйналды, аларды же бизди кыя албай, деги аман жүрсүнчү", - деп ойлонуп жатып алды. Сагынайдын төрөөрүнө аз калганда алар келип алышты, Садыр базарга тааныш аркылуу базарком болуп иштеп калган, толготуп калса жалгыз кыйналат дегени эле. Аны аяп Бүбүкан тамак-ашты өзү жасап жүрдү, бирок ошого таянып алып түшкө чейин уктайт, бир күнү Сагынай кайдадыр кетти, Бүбүкан үн деген жок, сурабады да. Ал анткени бирөөдөн сураштырып бирөөнү эмес айбанатты кантип өлтүрүү керектигин сураган эле, андан алып келип Бүбүканды өлтүрүү максаты болчу. Сагынай акырын алып келип алды да коюу тамак эмес суюк тамак жасай баштады, ага алып келген уунун көрсөткөндөй өлчөмүн өз идишине кошуп баштады. Анткени ага: "Мындан өлчөм менен берип турсаң билинбей ичтен организмин жабырлантып акырында эч сыры ачылбай өтүп кете берет", - деп айткандыктан дал ошондой кылып берип жатты. Бүбүкан анын кыйналганына карабай өзү тамак жасаганына таң калып:

- Сагынай, сен кыйналып каласың, өзүм эле жасайын, - деди.

- Жо-ок эже, кыйналган деле жокмун, сизге жасатып койгондон уялып жатам.

- Деним таза, сиз болбосоңуз деле жасамакмын, - деп болбой койду.

- Мейли, өзүң бил, - деп коюп ары басты, бирок көңүлү айнып алсызданып кайра үйгө кирип жатып алды, анын ар бир кыймылын байкаган Сагынай: "Көп берсең заматта өлөт", - дегенин эстеп чоочуп кетти: "Үч-төрт күн эле болду го, көп кошуп койдумбу, билинип калса канттим", - деп ойлонуп:

- Эже, сизге эмне болду? - деп жанына келди.

- Эчтеке, жатып турайынчы, - деп койду Бүбүкан.

- Ии-ий мейли, - деп ашканага бара жатып: "Бул жакында өлө койбойт, жанын баккан аял тура", - деп ойлонуп алды, ошондон үч күн өткөндө Бүбүкан өзүн абдан жаман сезе баштады, эч кимге айтпай кийинип алып үйдөн чыгаарда, - Кайда барасыз эже? - деди Сагынай.

- Курбумдукуна барып келейинчи, - деп жөнөй берип ооруканага келди, ал анализдерин тапшырбай туруп эле врачка кирди, ал анын тамырын кармап көрүп:

- Сиз анализ тапшырып келиңизчи, тамак-ашты байкап ичиңиз, - деди.

- Эмнеге, тамакты мүнөздөп ичүүм керекпи?

- Жок, азырынча бардык тамакты иче бериңиз, анализди тезирээк тапшырыңыз, тамырыңызда бир шектүү нерсе бар, анализден кийин такталат.

- Болуптур, - деп Бүбүкан чыгып бара жатып жыгылып кетти, аны врачтар менен сестралар кармап калышып тегеректеп дароо эле аны текшере башташты. Ал кечинде үйгө келбегенинен улам: "Лураныкына барып жатып калган экен", - деп ойлоду Садыр. Бүбүкан үч күн дарексиз кетти, акыры эртең менен эрте туруп Лунараныкына барды.

- Оо кел Садыр, сен кайдан? - деди эшикти ачкан Лунара.

- Бүбүшкө келдим эле, ал...

- Токто-токто, Бүбүш кайда эле? - Лунара анын оозунан сөзүн жулуп алды.

- Келген эмес беле сага?

- Жо-ок ай, келген жок, мага барам деди беле?

- Курбумдукуна барам деп үйдөн чыгыптыр.

- Ой садагасы ал келген жок мага.

- Кайда кетип калды экен, үч күндөн өттү, - Садыр башын жерге салып артына кайрылды, - Кокус эми келсе менин издеп жүргөнүмдү айт.

- Макул, ай Садыр сен аны капа кылдың беле?

- Жок, ага эмнеге жаман айтмак элем? - деп коюп жолуна түштү, ал кайрадан үйүнө жөнөдү: "Сагынай экөө айтыша кетти бекен, Гүлүнүкүнө кетип калган жокпу, адегенде Сагынайдан сурайын, ал урушса айтпай жаткандыр, ка-ап кайда кетип калды, күзгү суук түшүп калганда башка кайда бармак эле, Гүлүдөн, анан Алтынайдан дагы сурайын", - деп тез-тез басып үйүнө келди:

- Эмне иштеген жоксуңбу? - деп Сагынай андан жай сурады.

- Бүбүкан жок, сен аны менен урушкан эмес белең?

- Жинди белем, эмнеге урушабыз?

- Анда Бүбүкан кайда кетет?

- Мен кайдан билем, бара турган жагы бардыр.

- Болду, үйгө кире бер, мен Гүлүнүн үйүнө барайын, - деп Садыр кайра кетти, Сагынай ойлонуп туруп калды: "Кызык, тирүү жоголсо менден көрөт, өлүп калса бул мени өмүрү кечирбейт го, анысы кайда кетип калды экен", - деп туруп калды. Ал он күнү катары менен тигинден берсем билинбей өлүп калса ким сурамак эле", - деп ойлонуп жаткан эле: "Ал шүмшүк билип калган жокпу, эгерде билип калса ачык эле айтып кууп чыкмак, анда кайда кетти экен, кудай жалгап үй-жайды тынч эле таштап кетип калса кана", - деп дагы ойлонуп ийди.

Садыр Гүлиянын үйүнө келгенде ал уулу менен отурган.

- Гүлү, кандай уулуң чоңоюп калдыбы? - деп Садыр Баелди колунан алып көтөрүп өпкүлөдү.

- Ата, жөн жай эле келдиңизби, отуруп чай ичиңиз, - деди Гүлия жаркылдай күлүп.

- Ичтим кызым, апаң келген жокпу?

- Жо-ок, эмнеге сурадыңыз ата?

- Кечээтен бери ал үйдө жок, - деп Садыр үч күндөн ашык экенин айтпады.

- Кайда кетти эле?

- Билбейм, курбумдукуна барам деген экен.

- Кайсы курбусуна бармак эле, Лунара менен Россиядан келгенден кийин катышпай калбады беле, башка курбусу жок, кайда кетти экен? - Гүлия чыйпылыктап ийди.

- Көп чуу көтөрбө кызым, же тагаңдыкына кеткендир, мен барып билип келейин, - деп Садыр ал жерден бейкапар көрүнүп кеткени менен ичинен сары санаа болуп бара жатты, ал Сагынайдан көрүп турду, ал Бүбүканга бир сөз айткандай, катуу урушкандай ага ачуусу келгени менен айы күнү жетип турган аялга эчтеке дей алмак эмес, Садыр кеткенден кийин эле Гүлиянын үй телефону чырылдады:

- Ало, угуп жатам, ким бул? Апа-а кайда жүрөсүң деги, ооруканада дейсизби, эмне?! - деп көзүн алайткан Гүлия трубканы коюп баланы көтөрүп чала-була кийинтип чыгып бара жатканда Тариел келип калды:

- Кайда жөнөдүң?

- Апам, апам ооруканада, - Гүлия ыйлап ийди.

- Эмне болуптур?

- Ооруп калыптыр.

- Кеттик анда, - Тариел баланы алып унаага жетти, жанына отурган Гүлияга баланы берип унааны жылдырды. Алар келгенде Бүбүкандын акыбалы оор эле, ал алсыз уктап калган, Гүлия ыйлап анын жанына отуруп колун кармалап:

- Апа, деги эмне болуп кетти, кандайча ооруп калдың, ким кылды сага мындай жамандыкты, апакебайым көзүңдү аччы, маңдайыбызда жаркылдап аман жүрчү апаке! - Гүлия буркурап жатканда акырын көзүн ачты Бүбүкан:

- Кыз-зы-ым.

- Апа, апаке кандайсыз? - Гүлия кубанып кетти.

- Апа түзүксүзбү? - деп Тариел дагы маңдайына келди.

- Жакшы-ы балам, кабатыр болбогула, - деди Бүбүкан алсын.

- Эмнеңиз ооруп жатат, мен врач менен сүйлөшүп келейинчи, - Тариел палатадан чыгып врачтын кабинетине келди, - Уруксат бекен?

- Кириңиз, - деди улгайган врач аны айнегинин үстүнөн карап.

- Саламатсызбы, мен Жакыпованын акыбалын билейин дедим эле.

- Аа-а, - деди врач Айткулович астындагы оорулуулардын картасынын ичинен Бүбүкандын делосун алып, - Өтө коркунучтуу, эки күн кечиккенде өлмөк экен, дагы жакшы эртерээк келгени дурус болгон.

- Ошондо кандай?

- Бул аял кандайдыр бир уулуу чөптүн кошулмасын ичкен, неге ичкенине таңгаламын, өз жанында касы барбы, же бир дарыгерлерге кайрылганбы, сурасак айтпайт.

- Кызык, уулуу чөптүн кошулмасын ичкен дейсизби?

- Ооба, кандайча ичкенин билүү керек, эгерде элдик табыптар берген болсо аныктоо керек, ал өзүнүн айтканына байланыштуу, - деп ойлоно очкисин алып Тариелге карады, - Сиздин ал эмнеңиз болот?

- Кайненем, анын жалгыз эле кызы бар, күйөөсү башка аял алып алган.

- Ошондой де...

- Ооба, аксакал, керектүүнүн баарын жасаңыз, өзүм төлөйм.

- Ансыз дагы денесиндеги уунун таралышы үчүн күчтүү укол дарыларды берип жатабыз.

- Рахмат сизге, - Тариел чөнтөгүнөн акча алып делонун ичине салды, - Сизге ишенем.

- Жигит, мындай болбойт, - Денис Айткулович ыңгайсыздана карады.

- Аксакал, бул пара эмес, оорулуу үчүн дары-дармекке берилгенин түшүнүңүз, - Тариел жылмая карап чыгып кетти. Тариел келгенде Гүлия дале ыйлап отуруптур.

- Эмне деди жакшы болуп кетет дедиби, эмнеси ооруйт экен?

- Кам санаба, сакайып кетет, эми сакайып кетсе апамды үйгө алып кетебиз, - деп өңү купкуу болуп жаткан кайненесин бир карап алды, - Жүрү кетели, дайындадым врачка, ал өзү жакшы карайт, - деди Тариел, - Баланы алып үйдө бол, бул жерде оорулуулар толтура, бир нерсе болуп ооруп калбасын.

- Кудай сактасын, - деген Гүлия апасына бурулду, - Апа, мен эми барайын, кудай кубат берсин апа, кудайым шыпаа берсин...

- Бара гой кызым, жаш эттүү баланы этият кыл, - деди Бүбүкан.

- Мейли, биз кеттик, - деп апасын өөп анын жөнөдү, анын артынан Тариел коштошуп чыкты, - Тариел, атама кайрылалычы, - деди Гүлия жолдо келе жатып.

- Макул.

- Эртең менен ооруканада экенин билбей атам апамды издеп келип кеткен.

- Демек ал киши билбейт экен да.

- Ооба, ал эртең тагаларыныкына бармак.

- Анда айтып коелу, - деп Тариел кайнатасынын дарбазасына келди, - Сен кирип чык, - деди Тариел Гүлияга.

- Сен баланы кармап отура тур, мен кирип чыгайын, - деп унаадан түшүп жатканда Сагынай дарбазаны ачып чыга калды.

- Келгиле...

- Атам кайда? - деди Гүлия ага орой.

- Үйдө, эмне болду? - деген Сагынайдын суроосу жоопсуз калды, Гүлия ылдамдай басып кирип кетти, шагы сына түшкөн Сагынай эсине келе калып үйдү көздөй жөнөдү: "Эмне деп сүйлөшүштү, ка-ап артынан эле кирбей, балким апасы өлгөн чыгаар, ошого жинденип келген чыгаар, менин кылганымды ким билмек эле", - деп артынан кирип келе жатканда алар чыгып келе жатыптыр:

- Кудай сактаган экен да, мен ага барып келейин, өзү жакшы эле бекен?

- Алсыз, врачтар анализин кайра-кайра текшерип жатыптыр.

- Эч жерим дечү эмес эле го, оорубай эле жүрдү эле...

- Эмнеси болсо дагы аман сакайып кетсе болду ата, мен кеттим, - деди да унаага отурду да жөнөмөк болгондо Тариел туруп баланы берип түшө калып кайнатасы менен учурашты.

- Салам Алейкум ата.

- Кел балам, үйгө кирсеңер болбойбу, Гүлү сенин барыңды айткан жок эле...

- Жок, шашып турдук эле, Гүлүнү жеткирип жумушка баруум керек, - Тариел кайнатасын ары көздөй колтуктап басты, - Апам элдик табыптарга көрүнүп жүргөн эмес беле?

- Анда апам уулу чөп ичкен, денесине тарай баштаганда өзүн жаман сезип өзү врачка барып көрүнүптүр.

- Ошентиптирби?

- Ооба, азыр абалы өтө оор, бирок врач коркунуч артта калды деди.

- Кудай сактаган экен, мен барып билейин.

- Мен врач менен сүйлөштүм, дары-дармекке берип койдум, сиз барып өзүнө жолугуп келиңиз, - деп Тариел унаасына отурду. Алар кетээри менен эле Сагынай:

- Эмне болду, деги жайчылыкпы? - деди кызыга.

- Бүбүш ооруканада экен, мен баруум керек, - Садыр басып кетти.

- Мен бирге барайынбы? - деген Сагынайдын суроосу жоопсуз калды, Садыр шашылыш автобуска түшүп ооруканага келди, ал келгенде Бүбүкан көзүн ачып жаткан.

- Бүбүш, акыбалың жакшыбы? - деп Садыр жанына отурду, - Сени кайда кетип калды деп издебедимби.

- Садыр, - Бүбүкан алсыз ага бирдеме айтмак болду.

- Эмне болду, айта бер.

- Мага кимдир бирөө уу берген.

- Ким, кандайча мындай болду?

- Билсем кана...

- Догдур эмне деп жатат?

- Күндө анализ алып жатат, канга сиңе электе келипмин.

- Кудайга шүгүр, аман калганыңа шүгүр.

- Мейли, эми дурусмун, - деп Бүбүкан терең дем ала ары карап кетти.

- Муну Сагынай кылышы мүмкүнбү Бүбүш.

- Жо-ок, аны сүрүштүрүп кереги жок, сакайып кетээрмин.

- Бүбүш, өлүп калсаң эмне болмок, эгерде ал ушуну кылса алтын баштуу бала тууса да кереги жок, азыр барып аны батирине жеткирип салайын.

- Кереги жок, баары өттү кетти...

- Андай болбойт, сени өлтүрө жаздаган аял менен жашай албайм.

- Садыр, жаш бала болбо, мен чарчадым үйгө бар, - деди Бүбүкан. Садыр ага аянычтуу карап жүрөгү ооруп кетти.

- Бирдеме ичесиңби Бүбүш?

- Жок, ичип алдым.

- Мейли, эртең менен эрте келем, тамак ала келейинби?

- Үйдөн алып келбе, Гүлү келет.

- Ай байкушум ай, кандай жан элең деги? - деп кейий палатадан чыкты, ал ушул азыр Сагынайды жек көрүп турду, ошол учурда Гүлиядан уккан Алтынай жетип келди.

- Таеже эмне болду, Гүлү эжемден угуп коркуп кеттим, - Алтынай жапакечтене өөп жанына отурду, - Тамак ичиңиз, - Тарелкага куюп Бүбүканды өйдө кылды.

- Жүрөгүмө баспай турат садага.

- Бирдеме ичпесеңиз кантип болсун? - деп Алтынай кашык менен ичирмек болду.

- Кыйнадың го ээ кызым, - Бүбүкан күлүмсүрөдү.

- Кана-кана таеже,, ачка болсоңуз ооруну жеңе албайсыз.

- Уулуң чоңоюп калдыбы садага?

- Ооба, сүйлөй баштады, тили ширин, - деп жылмайды Алтынай, - Баарынан дагы бир иш башыбызды катырды.

- Эмне болгон иш?

- Айдайды бирөөлөр уурдап кетти.

- Эмне дейт, ал байкуштун күнөөсү эмне экен?

- Миллион сурап жатат.

- Аа-а, акча тапмак болгондордун иши го анда.

- Ошондой, эртең кечинде акчаны алып бармак болуп жатат.

- Кыз байкушка жаман болгон тура, эми бара гой садага, мен чарчадым, - деди Бүбүкан, - Баса эртеңби Сапардын тоюу?

- Бүгүн да таеже, мен даярдык көрүп койгонмун, атамдар бара албайт го?

- Мейли, шартыңарга карайсыңар да, Сапарга айткыла, Гүлү менен Садыр дагы барат.

- Жакшы болуп кетиңиз, дагы келем таеже, - Алтынай өөп анан палатадан чыкты, Бүбүкан өзүнчө ойлуу узата карап кала берди: "Бактысы кут болсун, ээ-эх чиркин, ушул бармактай кыздан арам ойлоп жүргөнүмдү кара, ансыз деле менден кетти го, кетмек турсун менин өлүмүмдү каалаган аялды үйүнө алып келбедиби, пендемин да-а, менин өткөргөн заарым эсинен чыкпагандыр: "Кайдан кетсин, ошентсе дагы жапакеч байкушум. Гүлү байкуш ушундай эле, өзү дагы окшош, аман болсун", - деп жатып уктап кетти. Ал түш көрдү, түшүндө Гүлүкан кирип жатыптыр, аппак кийинип алган, буту жерге тиер тийбес болуп абада калкып турат: "Гүлү бу сенсиңби?", - деп Бүбүкан аны көздөй обдулганда ал: "Сен мага жете албайсың, мен тээ тигил жактамын", - деп колун серелей бир жакты көрсөттү, үнү жаңырып башка угулат, ал жакты караса жапжарык, бир башкача ажайып кооз көрүнөт: "Мен барып көрсөм болобу", - деди Бүбүкан: "Жо-ок, сен азыр келбе, бул жакка баары эле келе беришпейт, сен жанагы аялга ишенбе, башка жакка кет, ал үйдө турба, мен сага эскертүүгө келдим, сен бир адамга жолугасың, ал сени сыйлайт, бактылуу болосуң", - деп көздөн кайым болду.

- Гүлү, Гүлүка-ан! - деп бакырып тура калды.

- Ай эмне болду? - деп жанындагы аял ага карады.

- Мага эмне болду? - деп Бүбүкан кайра андан сурады.

- Бакырып чоочуп турдуң го?

- Аа-а, - Бүбүкан унчукпай жатып калды: "Кызык, байкушум бейиште болсо керек, ал менин кыйналганымды билген экен го, мага эми чын эле бирөө жолугабы, кантип мен аны менен жашап кетем", - деп ойлонуп жатып кайра уктап кетти. Ошонун эртеси таң эрте Сапар менен Айзада келип калды, алар тойду өткөрүп эле конокторун токтотуп коюп келген эле, тамак-аш, таттууларды ала келишкен, Сапар кирип эле:

- Апа, сизге эмне болду? - деди эки бетинен өөп.

- Бир аз ооруп калдым балам, той кут болсун, бара албадым садагаларым.

- Өзүңүз жакшы болуп кетсеңиз болду, - деди Айзада дагы өөп, - Жакшы эле болуп калдыңызбы?

- Шүгүр балдарым, мен жакшы элемин, атаң бардыбы балам?

- Барышты, Гүлү эжемдер дагы барды, алар дагы келишет болуш керек, - деди Сапар.

- Садага болоюндарым десе, Алтынайлар бардыбы?

- Алар деле барды, Айдар жездем кайра эле шашылыш кетти, иши бар экен апа.

- Айдайды алып келишиптирби деги?

- Азыр телефон чалып билебиз го, - Айзада тамак-аштан чогуу жаткандарга бөлүп берип, таттуулардан алып барып, Бүбүкандын алдына коюп берди, - Алсаңыз, тамакты бата ичсеңиз тез сакайып кетесиз, - деп жапакечтенип жатты. Бүбүкан ушунчалык кубанып турду, негедир өзү дагы бүгүн жеңилденип калыптыр, көңүлү да сергек болуп турган болчу, ого бетер толкунданып отурганда Гүлия менен Тариел, Алтынай менен Айдар келип калышты, алар дагы толтура тамак-аштарды алып келишкен болчу, алар топурап палатадагы жаткандарга дасторкон жайып берип жатканда Сапар менен Сагынай келип калышты. Сагынайды көрүп Гүлия менен Алтынай ары карап кетишти.

- Кандайсыз, бизди коркутуп ийдиңиз го? - деп ал дагы өөп туруп сурап калды.

- Бүбүш, бүгүн кандайсың? - деди Садыр күнөөлүүдөй.

- Жакшы элемин, кудайга шүгүр, балдарым минтип келип турса менин оорум өзү эле качып кеткенсиди, - Бүбүкан жылмайып койду.

- Ошондой эле болсун, - деди Садыр.

- Оо Бүбүкан айым, ден-соолугуңар кандай? - деп врач кирди, аны көрүп тамак ичип жаткан аялдар жыйнаштыра башташты, - Иче бериңиздер, - деди да Денис Айткулович беркилерге кайрылды, - Мен оорулууларды көрүшүм керек.

- Кечиресиз, биз анда кете берели, - деди Тариел, баары коштошуп чыгышты.

- Бүгүн өңүңүз жакшы, өзүңүздү кандай сезип калдыңыз? - деди Бүбүкандын керебетинин кырына көчүк басып, - Колуңузду бериңизчи.

- Абдан жеңилдеп калыпмын, - Бүбүкан колун сунду.

- Азамат Жакыпова, буйруса жеңдик, - деди Денис Айткулович күлүңдөй карап, - Эми сизден сурасак болобу?

- Сурай бериңиз.

- Сиз чөп дарыны кайдан алып ичтиңиз эле?

- Алып ичкен эмесмин...

- Анан кандайча бул чөп денеңизге тараган, же бирөө кастык кылгысы келгендир?

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Жөндөн-жөн болбойт Бүбүкан айым, сиз мурда ооруган эмес белеңиз эстеңизчи, балким бир элдик дарыгерлерге кайрылган болбоңуз?

- Эч кандай ооруган эмесмин.

- Түшүндүм, сиз бир нерсени жашырып жатасыз.

- Неге жашырмак элем, өзүм да таңгалып калдым.

- Бул сиздин өмүрүңүзгө өтө кооптуу иш болгон, эгерде сиз өзүңүздү жаман сезээриңиз менен келбегенди канга уу өтүп кетмек, муну сизге аздан берип отурган, болбосо өлчөмүнөн көп берсе сиз адегенде эле өлмөксүз.

- Кызык, мен кимге жамандык кылдым экен? - Бүбүкан ойлуу жер карады.

- Макул, башкысы сиздин сакайып кетишиңизде, бирөөнү айыптоо же жаап жашыруу сиздин эркиңиз, - деди да берки аялдарды көрүп анан чыгып кетти.

- Ай Бүбүкан, сен өлүм калсаң эмне болот эле, андан көрө милицияга берип кой да, - деди врач кеткенден кийин Сайра деген аял.

- Ооба десең, өзүңдү аяшың керек, - Бири ага баш ийкей карады.

- Мен өзүм дагы билбейм, кимди күнөөлөйм? - деди Бүбүкан.

- Бактылуу аял экенсиң, карачы уул-кыздарың келип жатканын, ал бечараларды дагы ойлошуң керек.

- Тамагын ичип алып бата бере албай да калдык, - деди Сайра, - Келгиле үйлөнгөн балага ак батабызды берип коелу.

- Ооба десең.

- Ылайым үйлөнгөн балаң алганы менен тең карып бактылуу болушсун, өмүрлөрү узун болуп бала-чакалуу болушсун, оомийин! - деп Сайра алакан жайганда беркилер коштоду.

- Айтканыңар келсин, кудайдын кулагы сүйүнсүн, өзүңөр дагы сакайып кеткиле, - деп Бүбүкан аларга ыраазы болуп отурду. Бүбүкан аз-аздап сакайып бара жатты... Садыр өзүнчө ойго батканы менен Сагынайга үн дебеди, ал күйөөсүнүн үндөбөй үңкүйүп калганына жини келип жүрдү, бирок сыртына чыгара албай ичтен тынып бир күнү:

- Садыр, мен сага бекер эле кабылган экенмин, аялыңдын азабын тартып мени киши дебей деле калдың, - деди таарыныч кыла.

- Сагынай, эгерде купулуңа толо албасам мени кыйнабай өзүңчө эле жашачы.

- Эмне эки балам менен батирге сенделтмексиңби?

- Балдарды мага ташта кааласаң.

- Эмне-е, мен сага төрөп берчү аппарат болуп берип кете берүүм керекпи?

- Ушуну төрөгөн соң башың азат!

- Эмне? - Сагынай аны акшыя карады.

- Ошол, сен экөөбүз жаш жагынан да бириге ала турган эмеспиз, мен сенин оюңдагыны жасай албайт экенмин, сен өз каалаганыңдай жаша, балдарга келип тур.

- Сен аялың менен мен төрөгөн балдарга ээлик кылып жашай бермексиңби?

- Эмне кылабыз анан, мен сен ойлогондой боло албайм, сен мен ойлогондой болбойсуң.

- Деги кандай болушум керек эле?

- Мени тынч кой, ошол жетет!

- Сени мен эмне кылып жатам ыя?

- Тажатып жибердиң!

- Ой тобо-о, Сагынай ага карап оозун чое, көзүн чоң ачып, башын чайкады, - Сени мен тажатып ийдимби?

- Ооба.

- Сады-ыр! - деп кыйкырганда Сезим ыйлап ийди, ошол кезде Сагынай ичип баса калды, - Ичи-им, толгоо башталды окшойт ичим!

- Толгоо башталды дейсиңби?

- Ооба, машина та-ап! - деп тизээлей отуруп ичип кармалады, - ай кудай ай, эмнеге эле төрөйм де6сең, ушинтип кыйналып төрөгөнүмдү ушул билеби? - деп кыйнала баштаганда Садыр кирди, аны дароо эле төрөтканага алып келди, жарым саат өтпөй ал уул төрөдү, бирок өзү абдан кыйналып калганга эс-учсуз жатты, каны дароо түшүп кеткен экен, укол-дарыларды күчтөп берип жатты. Аны уккан Бүбүкан Садырга:

- Сен баланын энеси үчүн эчтекеңди аяба, бала энеси менен болгону жакшы Садыр, - деп айтты.

- Берип жатам, мурда көрүнүп эле жүргөн, эмнеге кескин түшүп кеткенин билбейм.

- Бул эми кудайдан, кечке маал барып баланы көрүп келейин, Сагынайды дагы көрүп койбосом көңүлүнө кетпесин, - деп врачтан уруксат сурады эле:

- Өзүңүзгө караңыз, али жакшы боло элексиз, ден-соолук деген табылбайт, - деди.

- Түшүнөм, бирок баруум керек.

- Кайда барасыз?

- Алтынчы төрөтканага.

- Күн сууктап калды, ооруп калбаңыз?

- Рахмат, мен үчүн кабатыр болгонуңузга бат эле келем.

- Мен врачмын, ар бир оорулуу үчүн жоопкермин.

- Түшүнөм, - деп Бүбүкан палатага кирип кийинип алып чыгып бара жатканда оорукананын сыртынан Денис Айткулович алдынан чыкты.

- Мен сизди жеткирип коеюн.

- Убара болбоңузчу, өзүм эле...

- Бүбүкан, өтө эле сыпайкерчиликти жактыра бербейм, тез отур! - деп буйруганда Бүбүкан эчтеке дей албай арткы орундукка отурду.

- Өзүм барып келмекмин.

- Бүбүкан, давай биз экөөбүз ооруканадан чыккандан кийин адамдар сыяктуу эле сүйлөшөлү ээ? - Денис Айткулович жылмая карады, - Мен сизге таанышымдай карадым...

- Түшүнбөдүм.

- Ооруканада оорулуу менен врач катары, ал эми бул жерде жөнөкөй адамдардай мамиледе бололу, мына төрөтканага келдик.

- Рахмат, - Бүбүкан түшүп жатып айтты.

- Али эрте, мен сизди унаада күтөм.

- Неге? - Элээ карап калды.

- Тез чыгыңыз, - деди күлүмсүрөгөн Денис Айткулович башын ийкеп, Бүбүкан негедир анын көз карашынан жүрөгү зырп этип алды: "Кызык адам", - деп коюп Садыр айткан палатаны издеп кирип бара жатты, алтынчы күн болгондуктан анча карабай элдер кирип-чыгып жатышкан эле.

Ал адегенде Сагынай жаткан палатага барса апасы бар экен.

- Саламатсызбы, акыбалы кандай?

- Жакшы эмес, кандай болуп кетет билбейм, - апасы ыйлап отурган.

- Капаланбай аман калышын тилейли, кудайдан эмеспи баары.

- Атасындай кылып эрге тийе коюп ушуга туш болду, жанагы катыны ушуга жакшылык кааламак беле?! - дегенде Бүбүкан чыйрыга түштү.

- Ошол аялы мен болом, мен буга жамандык кылбайм эжеке.

- Апей, Садырдын аялы сенсиңби?

- Ооба, батирде жашатпай өз колума алдым, төрөгүчө кыйналбасын деп баарын өзүм дайындадым, бир ооз жаман айтпадым, бирок ал мени өлтүрмөк болду, - Бүбүкан ары барып кайра кайрылды, - Мына бул уу чөптү менин тамагыма кошуп берди.

- Калп, көр оозунда жаткан кызыма жалаа жапкың келип жатабы?

- Кудай сактасын, кызыңыздын сакайып кетишине бар күчүмдү салып жатам, же сиз бир нерсе кылдыңызбы, азыр дары-дармектин кандай кымбат экенин билесиз, бербесең карабайт, же калп айтамбы? - дегенде Данагүл унчукпай эле отуруп калды...

Жаныбек акчаны алып кечки саат сегиздерге жакын уулу, ымыркайында чарчаган Жапарды койгон бейитке келип кичинекей дөбөчөгө келип чөгөлөп отуруп куран окуду да акча салынган сумканы бейитке коюп эки жагын карап анан артына кайрылды, бир, эки, үч кадам басып кайра бир бурула карап алып унаасына отурду. Ушул кезде Айдар досу Азаматты үч-төрт кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлерин алып баары жөнөкөй кийинишип унаалары да башка, эс алган болуп өйдө өтүп кетишкен. Жогортон дүрбү менен карап турушту, аңгыча көз байлана баштаганда алар эс алгандардын кейпинде жол менен бакырып ырдап көздөрү көрүстөн жакта болуп өтүп бара жатып акча коюлган мүрзөгө бир кара машина келип токтогонун байкап ары барып жарыгын өчүрүп, үндөрүн чыгарбай карап турушуп ал жөнөгөндө акырын жоготуп албас үчүн артынан түшүп номерин көрүп чоң жолго түшкөндөн кийин көп унаалар катары бирде өтүп кетип, бирде артта калып жүрүп отуруп Сокулуктан дачалар жакка бурулганда жайлап бара беришти, мындай иштерди кылдат жасап көнгөн немелер андан калышпай дача деп аталган айылдын тээ четиндеги бир үйгө жетип токтогондо алар дагы токтоп калып дароо унаадан түшүштү да колдоруна курал алып караңгы түндүн шооласы менен үйдүн артына жетип терезелерине шырп алдырбай аңдып калышты, Айдар алар менен бирге жүргөн, бирок аны унаага калтырышты, кокус атышуу болуп калса жабыр тартып калбасын деп ойлошкон болчу:

- Балдар, - деди Бектур алар тыңшап отурганда, - Бул эмгегиңер үчүн бир бириңерге жүз миң сомдон берем, эми тиги түйдөк чачтын көзүн курутуп биротоло жок кылалы, буга кандай дейсиңер?

- Ошондой кылганда кийин билинип калса кантебиз?

- Эч коркпо, биринчиден менден күмөн санабайт, экинчиден бул жерде эч ким болбойт, дароо ээсине өткөрүп берем, алганыңарга ыраазысыңарбы?

- Жетет, - деди бири, - Адам өмүрүн кыйбай эле кое бербейлиби?

- Болбойт, балким ал шекип калышы мүмкүн, тирүү айгактын кереги эмне дешет го? - деп Бектур күлүп алды, - Ар кимиң өз жолуң менен кетесиңер, кана кызга кирели, - деп бир эшикти ачканы угулганда Азамат:

- булар тажрыйбасы жок эле келесоо акча жасагычтар экен, өлтүрүп коюша электе алдын алалы, - деди да эшик жакка өтүп эшикти түртсө бош экен, кычырай түшкөндө тигилер коркуп бири чыга калып делдээ калганда Азамат ага жетип кармап калды, - Киргиле ичке! Баары ичке кирип барышканда Бектур эмне кылаарын билбей:

- Эй силер кимсиңер, өлгүңөр келген жокпу? - деди өзү калтырай.

- Карма! - деп Азамат айтканда үчөөнү үчөө кармап калды, - Кана кыз?

- Кайдагы кыз, биз жөн жүргөндөрбүз, - деди дагы Бектур.

- Ач эшикти! - деди эле бири эшикти тээп сындырып кирип барганда полдун үстүндө колу-буту, көзү таңылып бүрүшүп жатыптыр, оозуна бирдемени байлап койгон экен, Азамат тигилердин колу бутун байлап кызды бошоткондо анын денеси ысып күйүп акыбалы абдан оор экен. Шашыла кызды көтөрүп жөнөгөндө Айдар дагы тынчы кетип отура албай келип калган, ал Бектурду көрүп:

- С-сенби? - деп бетке бир урду эле Азамат аны тыйды:

- Айдар кызды унаага алып бар!

- Айдай, карындашым, кебетеси кантет? - Айдар ыйлагысы келип кайра тигилерди көздөй барып Бектурду булка тартып ур токмокко алып кирди.

- Жетет Айдар, ооруканага тез жетүү керек! - дегенде гана ал Айдайды анын колунан ала коюп жүгүрүп жөнөдү. Ошентип төртөөнү тергөө бөлүмүнө алып барып Батманы ооруканага алып барышты. Айдар үйгө телефон чалганда Жаныбек сыртта аларды күтүп жүргөн, Зыйнат ала коюп эле ал айта баштаганда трубканы кое коюп бөлмөсүнө кирип кийинип, болгон акчасын алды да эптеп качканга аракет кылып босогого келгенде Жаныбек кирип келе жатыптыр.

- Ой сен кайда?

- Апам ооруканага жатып калыптыр, - Колдорун ушалай титирей жер карады.

- Катуу бекен? - деди анын түрүн көрүп Жаныбек.

- Ооба, мен тезирээк барайын.

- Мен кошо барайын...

- Жо-ок, сен Айдарды күтө бер, - деди да телефон жаны тынбай чырылдаганынан улам бир жалт карап алып чыгып кетти, ага таңгалган Жаныбек телефонго жетип:

- Ало угуп жатам, - дегенде Айдардын үнү угулду, - Айдар сенсиңби, неге үйгө келбедиңер, деги таптыңарбы?

- Ооба, азыр эле айттым го, телефон үзүлүп калды.

- Мен силерди күтүп сыртта элем го.

- Анда жеңем алды окшойт, Айдайдын абалы оор...

- Кайдасыңар азыр?

- Ооруканада, Зыйнатты кетирбей кармаңыз, буга анын да катышы бар!

- Эмне-е?!

- Ошол, Бектур үч бала менен кармалды!

- Демек...

- Ооба ата, келип калыңыз, - Айдар трубканы коюп койду, Жаныбек шашыла үйүн бекитип коюп унаасына отурду: "Демек инисинин колго түшкөнүн билип качкан экен да, неге ушундайга барды, ал кыздын кандай күнөөсү бар эле, Зыйнат сен кандай адам элең деги, менин жүрөгүмдү оорутуш үчүн жаралдың беле, Айдайды жек көргүдөй ал сага эмне кылды", - деп ойлонуп кетип жатып: "Жо-ок, ал туумачары кете элек, аны сен жок кыла албайсың, учуру келгенде андан өзүм кутулам", - дегенин эстеди: "Мен акмак, мен акмакмын, эмнеге ушул сөзүн угуп туруп тоскоол боло албадым, укканымды ачык айтсам эмне", - деп өкүнүп жатты. Ал жетип эле ооруканага кирип каттоо бөлүмүнөн сурап үчүнчү кабатына чыкканда эле башын кармап жер карап отурган Айдарды көрдү.

- Эмне болду, Айдайдын акыбалы кандай?

- Жаман, дем ала албай жатат, үч күндөн бери ачка сызда жатыптыр!

- Акмак, аларды камаштыбы?

- Азамат алып кетти, - деп Айдар сумканы карады, - Акча бул жерде.

- Акчасы менен курусун, кызым сакайып кетсе болду.

- Зыйнат кайда калды? - деп Айдар кыжыры кайнап жеңе дебей атынан атады, - Ошону биринчи каматыш керек!

- Ал качып кетти.

- Кантип?

- Ой сен чалганда мен сыртта болчумун, келип калабы деп күтүп жүрбөйүмбү, ал сен айтканды угуп эле жөнөптүр да, мага апам катуу оору ооруканага келиптир, - деп шашып кеткен, көрсө корккон экен да.

- Качып кайда бармак эле, сүрөтүн коюп издөөгө берип коем, өмүр бою коркуп, бекинип жүрүп жашасын, - Кыжырдана сүйлөдү.

- Мен кирип Айдайды көрөйүн.

- Кое туруңуз, врачтар текшерип жатышат.

- Олда кызым ай, мынча азап тарткандай кандай күнөөң бар эле? - Жаныбек көз жашын аарчып отура кетти, - Акмак, акчаны жөн сураса болбойт беле?

- Баары, өттү ата, башкысы Айдай сакайып кетсе болду.

- Сакайып кетсе экен, Нурдин силер менен барган жокпу?

- Тигилер мени гана кошту, алар дагы атышуу болуп кетеби деп ойлошкон да, көрсө мурдунун богун арта албаган эле акмактар экен да, аларды ошол Бектур көндүрүптүр, акчалуу болосуңар деген имиш. Эгерде биз барбаганда булар өлтүрүп таштап салмак экен да.

- Ошентиптирби?

- Ооба, өлтүрүп туруп төртөө төрт жакка кетмек экен.

- Кудай сактаган тура, - деп тобо кылып алды Жаныбек, ошол учурда врачтар Айдай жаткан палатадан чыгышты:

- Абалы кандай? - деди Айдар тура калып.

- Азыр айта албайбыз, катуу суук тийген.

- Сакайып кетеби деги? - деди Жаныбек кабатырлана.

- Бир кудай билет, зордуктоо да болгон, бечара кызды аяган эмес.

- Ошентиптирби, демек өлгүсү келген экен, - деп Айдар муштумун түйө ызырынды, Жаныбек врач менен катар басып барып:

- Сиз бул сөздү күйөөсүнө айтпай койсоңуз кантет, жаңы эле баласы чарчаган, - деди.

- Макул, бирок сиздер билүүгө тийишсиздер, жатын айрылып кеткен, үч сааттан бери зорго бүттүк, төрөшү эми күмөн, бирок так эмес, дарыланса көрөбүз.

- Жакшылап караңыздар, кызымдан эчтекемди аябаймын.

- Түшүнүп турам, ким баласынан аясын, бирок биз толук анализдеп көрүп анан айтабыз, колдон келишинче аракет кылабыз, - деп кабинетине кирип кетти. Жаныбек тез-тез басып Айдардын жанына келип баштыкты алып кайра врачтын кабинетине келип тыкылдатты:

- Кириңиз, - дегенде кирип барып:

- Сиз менен сүйлөшүп таанышпай эле арыз-арманымды айтуу акылсыздык эмеспи, - деди да колун сунду, - Мен Айбалаев Жаныбек Жусупович, "Айкын" фирмасынын жетекчи президенти.

- Оо, уккам-уккам, көрсө сиз экенсиз да, - деп врач тура калып колун алды, - Мен дарыгер Темирбек Кубатбековичмин, кызматыңызга даярмын, - деди күлүмсүрөй, - Отуруңуз.

- Бул сыйымды кабыл алыңыз, кызым жакшы болуп кетсе сизден эч нерсемди аябай калайын, - деп Жаныбек врачка аянычтуу карады.

- Мынчалык муңайбаңызчы, биздин колдон келчү нерсенин баарын жасайбыз Жусупович, кам санабаңыз, бирок муну азыр алууга болбойт, анан дагы...

- Эмне, өтө үмүтсүзбү?

- Жок-жок, бир аз эмгек кылып, акыбети кайтса...

- Коркутпаңыз Темирбек Кубатбекович.

- Жо-жок, анчалык кооптуу эмес дечи.

- Андай болсо аракетке өтүңүз.

- Жарайт, - деп Темирбек Кубатбекович шыпылдай баштыкты ары жагына алып коюп анан ордунан турду, - Буйруса кызыңыздын ден-соолугу үчүн күрөшөбүз, - деди да Жаныбекти ээрчите палатага келди, Батманын дем алдыргыч менен жатканын көрүп отура калып ыйлап ийди:

- Кызым, кагылайын кызым, көзүңдү ачсаң боло, кандайча мындай болду, сени кыйнабай эле сурачусун менден сурабайбы, сенин жазыгың кайсы? - деп колун кармап ыйлап жатканда Айдар менен Нурдин кирди, эчтекени сезбей сулк жаткан Батманы көрүп экөө кайра чыгып коридордогу отургучка көчүк басышты:

- Акмактар десе, акча үчүн адам өмүрүн тобокелге салганын, мен болбой калдым, ошол жерден өлтүрмөкмүн, - деди жинденген Нурдин.

- Ансыз дагы мен жакшы эле сабадым, тумшукка уруп-уруп калдым, тигилер болбой койбодубу, анын үстүнө Батманын акыбалы оор экенин билип ооруканага жеткирүү керек болуп шашылыш жөнөдүм, - деди Айдар.

- Деги да тийишпеди бекен? - Нурдин Айдарга суроолуу тигилди.

- Болгону суук тийиптир, жаткан жерин көрсөң го... Айдай андай жерде жатмак турсун бутун коймок эмес, биз дагы андай жерге коймок эмеспиз, байкушумдун оозу-мурдун, буту-колун таңып коюптур, - деп Айдардын каңырыгы түтөп турду, - Алтынайды келбей эле кой дедим, бала менен кыйналат да, сени үйгө жөнөткөнүм туура болуптур.

- Зыйнат жеңе үйдө элеби?

- Кайдан, мен телефон чалганда билип калып качып кетиптир.

- Бети жок аял экен го, ал деле билсе керек?

- Билбей коймок беле, а түгүл ошол уюштурушу да мүмкүн.

- Балким, ал артын ойлогон эмес экен да, түбөлүгүн ойлогон эмес экен да.

- Болгону ага атамдын байлыгына ээ болуу керек болгон, чынында апамдын өлүмүнө дагы ошол себеп болгон, өз колум менен муунтуп салгым келди уккан кезде, бирок өзүмдү кармадым, атамды аядым, сөз тийбесин дедим, - Айдар ыйлап отурду, - Апамдын муунганда кантип жаны чыкканын ойлосом алигиче жаным жай албайт.

- Сабыр кыл, аны кудай өзү жазалайт, мына ушинтип башталды, - Нурдин жубатмак болуп агы көп кептерди айтты, аңгыча врач чыгып:

- Бул жерде отурганда пайда жок, көзүн ачса кабар кылабыз, барып эс алгыла, - деди.

- Кеттик балдар, врач туура айтат, - деп Жаныбек алдыга түштү, үчөө ээрчише сыртка чыгып унаага отурушту:

- Ата, үйгө барыңыз, Алтынай бизден кабар күтүп жатат, кечке сиз ачка болдуңуз, - деп Айдар айтканда Жаныбек болбой койду. Нурдин экөө аркы үйүнө кетишти, алар келгенде эшикти бирөөлөр ачканын дароо эле сезди, кирип барып Жаныбек өзүнүн иш бөлмөсүндөгү сейфти караса ал ачык экен.

- Муну Зыйнат кылган экен, ачкычын ала кеткен экен, демек ал мени менен ачык согушка даяр, - деди Жаныбек.

- Ошондо деле бул туура эмес ата, акылы аз аял го?

- Акылсыздыгынан ушул иштерди жасап жатат да балам.

- Аны таап акылына киргизүү керек.

- Жамандык жасоонун артында чоң күнөө кылып жатканын, бир күнү жазасын алаарын сезбегендер баарына бара алат балам, өкүнгөн учур келгенде кеч болуп калат, - Жаныбек оор күрсүнүп алды, - Адам деген акча болсо баары болот дешет, бирок ал акча канча мээнет менен табылаарын, оңой тапкан акчанын берекеси, жугуму болбосун сезишпейт, арам оокат эч качан аш болбосун билишсе да билгиси келишпейт...

- Туура айтасыз.

- Кой эс алалы балам, Зыйнат ошол беш миң долларды алганда байып кетмек беле, аны үйгө керек болоор деп эле үйгө койгонбуз, кириш-чыгыш чыгымдарга жумшалмак.

- Аны дагы сотто айтасызбы?

- Жо-ок, атын атагым да келбейт.

- Арызды уже жазып бердиңиздерби?

- Жо-ок, акт түзүлдү, кылмыш иликтөөчүлөр өз көргөндөрүн жазса, айдай өзүнө келсе ал арызды жазат.

- Макул анда, жаталы, - Жаныбек бөлмөсүнө кирип кетти, Нурдин Батманын бөлмөсүнө кирип жатты. Эртеси да, анын эртеси дагы Батма эсине келе албады, ал дем алдыргыч менен сулк жатканда Акмат менен Айша, эки баласы, Айпери күйөөсү болуп Акылбек менен Каныш баары келип үрпөйүп карап отурушту, Темирбек Кубатбекович бул кызды жакшы кылууга болгон аракетин жасап жатты, анан оңойбу миллион сомду аш кылуу, мындайды он оорулуудан дагы ала алмак эмес. бир жума дегенде түндөсү зорго кыңылдап көзүн ачты:

- Суу! Суу ичем!

- Азыр, азыр, - деп шашкан сестра өзү күзөттө отурган Темирбек Кубатбековичке жетип шашыла оорулууга жетти, - Кызым, акыбал кандай? - Эңкейип көздөрүнө тигилди.

- Суу, суу бериңизчи!

- Азыр суу ичкенге болбойт, Нура барып жылуу суу алып келип тамчылат.

- Жарайт, - деп Нура жүгүрүп кетти, ошол замат кайрадан уколдорун жаңыртып, дароо дарылоонун жаңы түрүн баштады, ал бирге иштеген Нурага өзүнө тиешелүү акча берип күнү-түнү анын жанынан чыкпоону буйруган, эртеси Жаныбекке эртелеп телефон чалды эле ал кубанып Айдарга чалды ал Азаматка чалып тергөөчүлөрдү жөнөтөр жөнөтпөсүн билип ооруканага келишти. Нурдин ошол күнү өзү эле эрте келип көзүн ачып жаткан Батманын жанында отурду.

- Алтыным, жүрөктү түшүрдүң, акыбалың дуруспу?

- Жакшы...

- Аман калганыңа шүгүр, абдан корктук.

- Тигилерди кармаштыбы?

- Кармалды, сен аларды тааныйт белең?

- Бектур дегендерин уктум, оозум менен көзүмдү таңганы менен кулагым бүт укту, атам келе элекпи?

- Эми келип алышаар, - дегиче Айдар менен Жаныбек кирип келишти...

- Менин кызым андайга барышы эмес, болбогон жалаа же ошого сен жеткиргендирсиң? - деди Данагүл көптөн кийин гана эсине келгендей.

- Муну кызыңыз эсине келсе анан сүйлөшөбүз, мен ооруканадан жооп алып келгенмин, жакшылыкка жамандык кылуу бир адамдын колунан келсе да жамандыкка жакшылык кылуу ар адамдын колунан келбейт, эгерде кызыңыздын жүзү кызарбаса танып кетээр, бир аз болсо да адамдык касиеттен куру болбосо мойнуна алаар, албаса кудайга койдум, кыскасы сакайып кетсин, - деди да чыгып кетти. Данагүл аны жаман көрүп кала берди.

Бүбүкан чыкканда Денис Айткулович күтүп туруптур.

- Кана, бир жерден тамактаналы, - деди Денис Айткулович ага жылмая карап, ал уялгандай сыпайы карады:

- Сиз кире бериңиз, мен күтө турам.

- Мунуңуз болбойт, биз экөөбүз киребиз, - деп Денис Айткулович аны болбой киргизди, Бүбүкан таңгалып жатты, - Бүбүкан, - деди орун алгандан кийин, - Сени менен маанилүү сөздү сүйлөшкүм келет, - деп сенге өттү.

- Мени менен маанилүү сөз сүйлөшүүгө кандай себеп болду экен?

- Бүбүкан, сени көргөндөн жактырып калдым, ооба жаш эмеспиз дечи, бирок жаш кары дебей өз сезимин билдирүүгө акысы бар го?

- Күлкүмдү келтирдиңиз, сиздей урматтуу адамдын карапайым аялга сезими бар экени кызык, үй-бүлөөңүз, айлана тегерегиңиз кандай ойдо калаар экен?

- Үй-бүлөөм өз-өзү менен дечи, балдар үйлөнүшкөн, бири Жанат Айткулович деген өзүм менен бирге иштеген врач уулум, бири дагы кызматта отурат, аялым эки жыл мурун өлүп калган, демек менин сүйлөгөнүм ылайыктыр?

- Сүйлөңүз, - Бүбүкан жылмая карады.

- Мен сизди сүйүп калдым.

- Кызык, ушул мүмкүнбү?

- Мүмкүн, - Ошол учурда официантка тамак алып келди, - Келиңиз, тамакка карайлы.

- Рахмат, - Бүбүкан акырын колуна кашыкты алып тамакка салды, саамга үнсүз кашык менен чынынын дабышы чыгып жатты, ал жерден чыккандан кийин:

- Бүбүш, менин суроом жоопсуз калды, - деди Денис Айткулович.

- Жооп бергенден тартынып турам, сиздин жүрөгүңүздү оорутуп албас бекенмин?

- Айта бер, буга чейин бул жүрөк канча ооруп канча сакайбады.

- Ошондой деңиз, демек мен айта берсем болот экен да.

- Болот, баарына даярмын, - Мулуңдай карап койду.

- Менин күйөөм бар, башым бош эмес экенин билбеген чыгаарсыз.

- Бүбүкан, анын баарын билемин, күйөөңүздү ошол аялына бериңиз, мен сизди кубана тозуп алам, - деди Денис Айткулович аны карап.

- Билбейм, ойдо жок маселени козгогонуңузга таңмын.

- Мейли ойлон Бүбүш, - Денис Айткулович анын колуна колун тийгизди, Бүбүкан унчукпады, алтымыштарга чыга элек жаш жигиттей шайдоот, дайыма күлүмсүрөп жүргөн адамдын өзүн жактырып калганына ишенбеди, бирок анын ар бир кыймылы жагып турду: "Түшүм туура чыкты го, демек арбак деген билет тура, өзүмдү басынтып жүрө бербей тагдырыма көнүүм керек, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болбойт", - деп ойлонуп палатасына кирип жатып калды. Ошол учурда Садыр кирди, ал баарына баш ийкей учурашып:

-Бүбүш жакшысыңбы? - деди.

- Жакшы, Сагынай кандай?

- Ал дале жатат, жакшы болуп кетээр...

- Бала кандай?

- Баланын абалы жакшы эле.

- Врач менен сүйлөштүңбү?

- Сүйлөштүм, жакшы болуп кетет дейт.

- Ошондой эле болсун, - Бүбүкан акырын туруп сыртка жөнөдү, Садыр анын артынан чыкты, - Садыр, сен экөөбүз кеңешүүбүз керек.

- Эмнени?

- Ажырашалы.

- Эмнеге?

- Сага да мага да дурус болоор дейм.

- Менин көңүлүм жок.

- Эми эки балаң бар, эми менин сени менен илээшкеним туура болбой калат.

- Бул акыркы чечимиңби?

- Ооба, ойлонуп көрсөм минтип жүргөнүбүз туура болбойт экен.

- Мен ойлоноюн, - Садыр саамга унчукпай туруп, - Мен сени менен эмес Сагынай менен ортону алыстатсамбы деген элем, - деди.

- Аның кудайга дагы жакпайт Садыр, уул-кызың турат.

- Алардын керектүүсүн берип турам.

- Болбойт Садыр, мен эми сени балдарыңдан ажыраганыңа жол бербейм.

- Бүбүш, сен мени сүйөм дечү элең го?

- Сүйүүнүн убагы өттү Садыр, эми бала эмеспиз, үй-бүлөөң менен тынч жашагыдай бол! - деп Бүбүкан ага ишенимдүү карады, - Балким Сагынай сен үчүн мени ууландырды, өзүң көрдүң, аз жерден өлүп кала жаздадым, көрөөр күнүм бар экен...

- Мейли Бүбүш мейли, сен айткандай эле болсун, качан чыкчудайсың?

- Айта элек, чыгаарым менен ЗАГСты кырктыралы ээ?

- Макул, сен каалагандай болсун, - деп Садыр шылкыйды.

- Бар анда, Сагынайдын жанында болгун, балдарың үчүн өз энеси керек, - деди ойлуу Бүбүкан, - Мен кирип жатайын.

- Жакшы жат эми байбиче, - деп Садыр жолуна түштү, ошол кезде Денис Айткулович бир катуу оорулууга шашып бара жаткан, Садырды карап койду, Бүбүкан палатага кирип жатып калды, ошондон үч күн өткөндө Сагынай сакая баштады, ал көзүн ачып эле баласын сурады. Данагүл жан-алы калбай жалынып жүрөт, кантсе дагы эне эмеспи. Уулун колуна алып сүтү чыкпай отурганда Садыр кирди:

- Жакшы болуп калдыңбы? - деп киргенде аны.

- Жакшы, эми жакшымын.

- Уулум менен кызым үчүн керексиң, жакшы эле болуп кет.

- Атын ким коебуз Садыр? - деди Сагынай күлө карап.

- Жанарбек деп койсок кандай болот?

- Болот, Жанарбек болот экен да балабыз?

- Ооба, Жанарбек болсун.

- Садыр, Бүбүкан эжем кандай?

- Жакшы, келип кетти, сен билбей жатканда келген.

- Аа-а, жакшы болуп калса эле болду, - деп ойлонуп калды.

- Кой мен барайын, сени качан чыгараар экен?

- Мен бүгүн эле жакшымын го.

- Мейли, мен союш ырастай берейин анда, - Садыр палатадан чыгып кетти, ал көп ойлонду: "Бүбүш туура айтат, балдар энеси менен болгону жакшы, өзүнүн энесиндей болобу, ажырашалы да балдарга күбөлүк алалы", - деп ойлонуп банкка барып акчасын каратты, анан үй алмак болуп акча алды, эки күн издеп жаңы бүткөн төрт бөлмө үй алып анча-мынча үйгө керектүүнү алып барып даярдап Сагынайды жаңы үйгө алып келмек болду. Аны Бүбүканга кеңешип, ачык айтып сүйлөштү, Бүбүкан ага капа болду:

- Мен Гүлүнүкүндө эле болом, үйдө калбайт белеңер?

- Кой, сен үйдө кенен бол, Сапаралар дагы келип турат.

- Өзүңөр билгиле, - Бүбүкан унчукпай калды.

- Бүбүш, мага капа болбо ээ?

- Эмнеге капа болом, андан көрө балдарың менен бол, мага алагды болбо, эми мен Сапарлар келсе ошолор менен болом, кабатыр болбой үй-бүлөөң менен боло бер.

- Макул, ден-соолугуң жакшырып кетсе эле болду, мен барайын.

- Бар, жаңы үйүңөргө тынч кирип алгыла, мен эми барбай эле коеюн, Сагынай мени көрсө териси жыйрылып жүрбөсүн, өзүнөн алыстатуу үчүн мени өлтүрмөк болгон да, мен эчтеке айткан жокмун, Сагынай төрөгөндөн кийин үйгө барып уу чөптү таап алдым, эгерде арыз жазсам аны жок эле дегенде эки жылга соттомок, мен аны каалабадым, Садыр, менден башка болсо жөн калтырмак эмес...

- Сага ыраазымын Бүбүш, ошентсе дагы анын сакайышын кааладың, кең пейилдигиңе рахмат байбиче, бирок басып кетүүдөн мен өзүм тартынып турамын, кудай алдында күнөөгө батпас бекенмин...

- Мен ыраазы болуп жатам го, мында сенин күнөөң жок.

- Ошентсе да...

- Бар эми, Сагынайды чыгарганга камын.

- Жакшы жат, мен барайын, - Садыр артына бурулду, ал ушул учурда ичи ачышып кетип бара жатты, көрсө өзү дагы сүйөт экен, анын ачуу сөздөрүнө жини келип турмушун өзгөртүп, башка жашоого өткөнү менен анын бир бөлчөгү Бүбүкан менен калгандай болуп турду, канаты кайрылган кушча уча албай улам канатын серпип кайра талп этип түшкөн сымал артына кылчайып кордордон бурулгуча карап кетип жатты. Бүбүкан дагы аны узата карап тура берди, канчалык аны бошотуп үй-бүлөөсүнө жөнөткөнү менен кыя албай жүрөгү ачышып турган эле. Ал бурулаары менен палатага кирип кетти, көөдөнү толтура бук болуп жаш балача бакырып ыйлагысы келип керебетке ары карап жатып ыйлап кирди: "Кантейин, кантейин айла жок, бир эле уулубуз болсо минтип ажырашпас элек", - деп солкулдап ыйлап жатканда Гүлия келип калды, анын үнүн угуп көз жашын аарчып берип карады:

- Апа жакшы болуп калдыңызбы? - Гүлия өөп тамакты тарелкага куюп берип калганын берки үчөөнө алып барып берди да, - Кандай өзүңүздү жакшы эле сезип калдыңызбы? - деди.

- Шүгүр кызым, эми жакшымын.

- Качан чыгара турган?

- Билбейм, эртең айтат го.

- Эмнеге ыйладыңыз апа? - Гүлия акырын сурады.

- Ыйлаганым жок кызым.

- Көздөрүңүз кызарып калыптыр го, атам бирдеме дедиби, ал дагы ыйлап бара жатыптыр, - деди Гүлия шыбырай, ал алдынан чыккан, ыйлаганын көрүп учурашып анан жүрөгү ооруп кирген эле.

- Ал дагы ыйлаптырбы?

- Ооба, жүрөгүм ооруп кетти, атамдын түрүн көрүп боорум ооруду апа.

- Эми эчтеке кыла ала албайбыз кызым, эки баласы бар, сага бир тууган болот алар.

- Алар чоңоюп бир тууган болгуча качан апа, баламдай немелер менин ысык-суугума тең көтөрүүгө жарамак беле, мага Сапар менен Алтынай бир тууган болуп кала берет, алар аман эле болсун, атамдын балам жок деген көксөөсүн басса болду.

- Баел чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, апа деп калды, - Кубана күлүп койду.

- Ошентсин, аман болсун, эми кудай өзүңө көп бала берсе экен кудайым, жалгыз болбосунчу кызым, - деп Бүбүкан кызын чекесинен өөп бооруна кысып чачынан сылап көпкө отурду, - Бара гой эми, балаң ыйлап калбасын.

- Апа, чыгара турган болсо үйгө чалып коюңуз ээ?

- Ооба кызым, кардым ток эле, ачка болбойм, балаңды карай бер.

- Жакшы жат, - Гүлия апасын кучактап кулагына, - Ыйлабачы апа, мен ойлоно берем, - деди.

- Ыйлабайм, бара гой, - Гүлияны узатып ойлуу отурганда Алтынай кирди, ал кете электе эле Сапар менен Азада келди, алар дагы тамак-ашты, алма менен жер-жемиштерди алып келишкен, көпкө отуруп ал абалын сурап анан кетээрде Сапар:

- Апа, биз үйгө келдик, - деди.

- Бул жерде болосуңарбы анан?

- Ооба, сиз менен болобуз, Азада өз ордуна иштейт, мен өз ишимди улантам, - Жылмая күлгөн Сапар аны кучактап өптү, - Апакем менин оорубаңыз ээ?

- Оорубайм садага, бара койгула, - деп кубанычтуу күлүмсүрөп аларды узатып жатып да көздөрүнөн жаш тамчылап кетти, бул кубанычтын жашы эле, аялдар кайгыны да кубанычты да көз жаш менен кабыл алат эмеспи. Эми көңүлү тына түштү: "Мен жалгыз калбайм, Сапарым мени жалгыз койбойт, балдарым бар жалгыз калтырбайт", - деп толкунданып жатты. Ошол күнү кеч сыртка чыгып ажатканадан келе жатса Денис Айткулович алдынан чыкты:

- Бүбүкан, ылдый түшүп унаага отур, экөөбүз тамактанып келели, - деди аярлай калып.

- Ичээр жерип жок, балдар келип кетишти.

- Түшө бер! - деп коюп басып кетти. Бүбүкан аны узата карап: "Кызык, ушул жашта да жакшы көрүү сезими күч болобу, Сабыр дагы мени жакшы көргөнү үчүн үйүмө жөнөттү, эми бул минтип жатат, барбай койсом шагы сынып калат, барбаганым туура эмес", - деп ойлоп палатага кирип үстүнө халатын кийип анан чыкты, берки аялдар унчукпай карап кала беришти. Бүбүкан алдыга түшүп сыртка абайлап карап турса Денис Айткулович сигнал берип унаанын жарыгын күйгүздү, аны байкап басып барды, - Кел отур! - деди ал.

- Кайда? - деди Бүбүкан отуруп жатып:

- Сен каалаган жакка.

- Кечириңизчи, менин тамак иче турган жерим жок.

- Болуптур анда, мен тамактанам, сен жанымда бол, - деп жылмайып коюп унааны ордунан жылдырды, чоң көчөгө чыгып бара жатып бир кафеге токтоду, - Кана түшөлү.

- Жарайт, - Бүбүкан аны карап жылмайып коюп унаадан түштү.

- Бул жерге көп келем, мээ сергиткени пиво ичип отурам, абдан тынч, - деди Денис Айткулович басып бара жатып, - Сен мага капа болбо, болгону сени менен болгум келди, дайым жанымда болгонуңду каалайм, - Алар барга киришти, бардын ичи гүрү-гүү эле, пиво ичип, чылым чегип бака-шака түшкөндөр, Бүбүканга жакпай кабагы түйүлө түштү, аны байкаган Денис Айткулович:

- Биз ичине киребиз ирээнжибе, - деп төрүн карай басып бир өзүнчө канага киришти, - Бул жер тынч, мен ушул жерге отурам.

- Жакшы, сиз дагы чылым чегесизби?

- Кээде, көңүл чөккөндө сөзсүз чегем, - Официантка келип заказ алып кетти, - Сен чылымды жактырбайсың го?

- Ооба, күйөөм такыр чеккен эмес.

- Жакшы-ы, - Денис Айткулович ойлонуп отуруп калды, - Күйөөң менен сүйлөштүңбү? - деди анан.

- Сүйлөшүм эле жатам.

- Мен айткан маселени кандай чечтиң?

- Денис Айткулович, биз ансыз деле ажырашмакпыз, алардын эки баласы үчүн мен качан эле ошондой чечкенмин, күйөөм болбой жүргөн.

- Демек алигиче сени сүйөм.

- Сүйүү болгон бир кезде...

- Өчпөс сүйүү да болот Бүбүш, сенден суранаарым мени Денис деп атымдан атачы.

- Кантип, айтуу кыйын, - Бүбүкан жылмайып койду.

- Неге, биз эми тааныштарбыз да.

- Ошондо да... - Официантка заказдарды алып келди.

- Аш болсун.

- Рахмат кызым, - Денис Айткулович Бүбүканга карады, - Кана тамакка кара...

- Мен ичпейм, өзүм ооруп жатсам.

- Мен уруксат берем, сен жакшы болуп калдың боло берет.

- Батпайт го?

- Ал эми, суусундук катары алалы, - Болбой кружканы карматты.

- Кыйнайсызбы?

- Кыйнабайм, сыйлаганым болсун.

- Убара болуп жатасыз.

- Бүбүш, сен Денис деп эле айтчы.

- Ооз барбайт.

- Көнөсүң, - деп Денис Айткулович ойлуу карап калды эле Бүбүкан көзүн тартып алды, көпкө ортодо сөз уланбады, пиводон ичип шашлыктан жеп отуруп Бүбүкандын ичпегенин көрүп, - Такыр ичкен эмессиңби? - деди.

- Ичкем, кантип жашырмак элем, ооруп каламбы деп корком.

- Эч коркпо, тазаланып бүттүң, буйруса эртең чыгасың.

- Эртеңби, анда кызыма айтып коймокмун.

- Азыр чалып кой.

- Макул, алар жата электе чалайын.

- Күйөөң үйдөбү?

- Жок, алар бүгүн жаңы үйгө кетишти.

- Жакшы, анда үйүңө өзүм жеткирем.

- Убара болбоңуз, кызым келип алып кетет.

- Узатып барып балдарың менен таанышсам болобу?

- Айта албайм, алар эмне деп ойлойт, жаңы эле келин алганбыз.

- Эчтеке эмес, көнүп кетишет, - Күлө карады, - Сенин жүрөгүңдү багындыра аламбы?

- Сиз да сүйлөт экенсиз го...

- Эмне, мен деле тирүү жанмын да.

- Аныңыз туура дечи.

- Кой эмесе туралы, оорулуулар издеп калбасын, - деп өйдө болду, алар кайрадан жолдо келе жатышты, - Бүбүш.

- Айта бериңиз.

- Менин айтканымды ойлон, экөөбүз баш кошуп алалы, балам сени айтсам макул болду.

- Кызык, ага айтып койдуңузбу?

- Ооба, боло турган иштин эртеси жакшы эмеспи, жалгыздыктан тажадым.

- Жалгыздык кыйын...

- Эми жакшы эс ал Бүбүш, - деп оорукананын алдына келип токтотуп аны түшүндү, - Мени сиз дебей сен деп жүр, анан атымдан ата, - деди күлүп.

- Аракет кылам, - Бүбүкан өйдө чыгып палатага кирип өз ордуна келип жатканы калганда:

- Ай Бүбүкан, сен кайда жоголуп кеттиң? - деди Сайра.

- Эмне болду?

- Кудаларың көргөнү келишиптир, тиги жердеги этти кара, өзүңдү келсин деп тийген жокпуз, күтүп-күтүп кетишти.

- Ка-ап, уят болгон экенмин, - Бүбүкан уялып калды.

- Ушу сен свиданияга чыктың окшойт ыя? - деп тамашалап күлүп калышты, Бүбүкан жарыкты күйгүзүп ортого үстөл коюп семиз этти алып келип, чай коюп:

- Келгиле, мындан ооз тиели, - деди жаркылдай күлүп, - Бул да болсо насип.

- Сага келген тамактарды жей берип семирип кете турган болдук ай.

- Ден-соолук болуп тамак жагып турганы жакшы эмеспи.

- Ошону айтсаңар, деги оорубайлычы.

- Кана, алгыла кыздар, - деп Бүбүкан чай куйду, төртөө шарактап түнкү саат ондон өткөндө тамактанып отурушту, - Мен эртең буйруса чыгам.

- Чын элеби?

- Ооба, врач айтты.

- Мейли эми, ылайым ооруба, - деп ага баталарын беришти, алар дагы кандай себеп менен отравление болуп келгендер болчу. Сайра өзүн көңүлдүү алып жүргөнү менен төрөбөгөн аял, үч күйөөгө тийип алардын балдарын бакканы менен батып кете албады, күйөөлөрү ичип туруп алды. Өзү шайдооттой болгон жакшы келин, жашы кырк экиде, бир тууган ага-инилери, сиңдиси бар, алар өз-өзүнчө турушат, инисинин да агаларынын да аялдары батырбай койгондо шаарга келип ар кандай иште иштеп жүрүп муздак ичип жүрүп ооруп калып жатып калган. Эркек мүчө, ачык айрым, шайыр келин. Беркилер деле ар кайсы жумушта иштегендер, биринин жашап жүргөн күйөөсү аманат, кээде келип кетет, берки экөөнүн күйөөлөрү жок, өз бетинче жашап иштеп жан багышат, балдары келип кеткени менен эптеп эле банкага алып келишет. Ошондуктан алар Бүбүканга суктанышат, ага келишкен сайын килтилдеген семиз эттен жасалган тамактарды алып келишсе чогуу ортого коет, андан дагы алар чоң идишке алып келишет. Ошентип эртеси Бүбүкан чыга турган болду, Сайра андан үй дарегин алып калды, Гүлия менен Тариел келип алып кетти, Денис Айткулович анын телефонун дагы алып алган эле... Садыр жаңы үйгө Сагынайды чыгарып барды, ал тыңыганча апасы карай турган болгон, бирди союп берип уулунун атын Жанарбек койду, Бүбүкан чыккан күнү келип таппай калып Гүлияныкына барды, алар чогуу отурушкан.

- Ата, эми апамды тынч койгула, - деди капа боло Гүлия.

- Кызым, мен апаңа жамандык кылбайм, - деп Садыр жаман абалда калды.

- Эми сиздин үй-бүлөөңүз бар, өзүңөр чечишип алыпсыңар, балдарыңыз менен эле болуңуз, апам бир өлүмдөн калды.

- Түшүнөм кызым, бирок... - Ошол убакта Сапар менен Азада кирди:

- Апа, сизге барсак жоксуз да, - деп Сапар келип өөп, Азада дагы өбүшө учурашып орун алышты, - үйгө эле барсаңыз болмок, түлөө өткөрүп коелу дегенбиз.

- Садагаң болоюн десе, Гүлүлөр барганынан баса бербедимби.

- Мейли, эртең эртерээк чогуу барып калгыла, улак алып келип койгонмун.

- Чогуу барабыз, биз минтип турганда апам жалгыз калбайт ата, сиз алагды болбой эле ишиңиз менен боло бериңиз, - деди Гүлия атасына капа болгонун билдире.

- Макул кызым...

- Ата, эртең сиздер деле эрте келиңиздер, - деди Сапар.

- Сагынай келбей эле койсун, ал дагы бирибизге жамандык кылып жүрбөсүн.

- Гүлү, кой антип айтпа, ал эмнеге жамандык кылмак эле, эми ал силердин бир тууганыңардын энеси, антип айтпай жүр, сен дагы энесиң кызым, - деди Бүбүкан.

- Ма-акул апа, - Гүлия жаадырай карады, - Сиздин ууланып калышыңызга ошол эле күнөөлүүдөй болуп туруп алды.

- Аны кудай билет, мына мен маңдайыңарда отурам го, бирөөнү бөөдө күнөөлөй бербе.

- Болду, болду апа, мындан ары айтпайм, кана тамактан алгыла, - деди күлүп, анан унчукпай отуруп Садыр кетти, Сапар менен Азада дагы кетишти, - Апа, Сапар сизди аябай жакшы көрөт, атасынан алыс өсүп калганга анча боор бербейт, биздин колубузда өсүп бизге жакын апа, атам ушул Сапарды бел кылып эле башка аялга деле барбай койсо болбойт беле?

- Өз бала башка кызым, ала кушту атынан айт дегендей аны бүт эле өзүнүкү эмес деп айтат кызым, атаң аргасыз болду, ал болгону кырк жети жашта, али жаш эмеспи, Бүбүкан үшкүрүнүп алды, - Мен башында туура эмес кылганымды эми түшүнүп жатам, эртерээк эле аны аял алып балалуу бол дегенимде болмок экен.

- Капаланбачы алтын апакем, болоор иш болду, эмне кылайын, мен такыр эле көнө албай жүрөм, атамды жек көрүп кетчү болдум.

- Жек көрбө кызым, ал сенин атаң, - деди да унчукпай калды, Гүлия дагы үнсүз баласын алып отуруп: "Кызды эркек бала менен катар көрбөйт турбайбы, атам чын эле арман кылып жүрсө керек, аны апам билет, ошондуктан акыры макул болгон окшойт, негедир апамдын баягы кыялдары калып да калды, балким тобокел деп калгандыр, тагдырына моюн сунгандыр, аргасыз болгондур, же атама боору ооругандыр, балам жок деп арман кылбасын деп ойлогондур", деп телмирип отура берди. Бүбүкан өзүнчө: "Садыр кызына нааразы болуп калбады бекен, ата нааразы болгон жаман дечү эле, жалгыз кызымдын бактысы бөксөрбөсө экен, ылайым эле алганы менен түбөлүк кемибей бирге жашаса экен, кудайым оң көзү менен караса көп балалуу болуп жалгыздыгы билинбей калат беле", - деп ойлонуп отура берди. Кечке маал Айдар менен Алтынай келип калды, Тариел болуп бакылдашып көпкө отурушту, анан:

- Айдар, Айдайдын ал-абалы кандай балам ? - деди Бүбүкан.

- Жакшы болуп бара жатат, - деди Айдар.

- Ошентсин бечара, аны уурдагандар камалдыбы?

- Ооба, ден-соолугуна зыян келтирип, өлтүрөбүз дегени үчүн төртөөнү бирдей беш жылдан беришти.

- Зыйнат эмне дейт?

- Ал качып кеткен бойдон жок, сүрөтү менен издөө жарыялап койдук.

- Ырас кылган экенсиңер, ошондой да болобу, анан дагы өлгөн баланын мүрзөсүнө койдурганы күнөө да, ал бей күнөө учуп кеткен чымчык эмеспи, - деп Бүбүкан аларга акыл насаат айтып жатты, - Бирөөнүн байлыгы бирөөгө жукпайт айланайын, өзүндө жок болсо да адам барына тобо келтирип жашаганы жакшы.

- Ооба таеже, Айдайды бөөдө кыйнабай эле атамдан сураса бермек да.

- Сурагандан көрө ошол жол оңой сезилгендир...

Жаныбек кирип келип эле Айдайды баса калып өпкүлөп ыйлап ийди, Айдар дагы ошентип жанына тегеректеп туруп калышты.

- Кызым, деги өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Бир аз ата, Бектурду кармаштыбы?

- Анын ошолордун ичинде экенин билдиң беле?

- Ооба, алардын сөзүнөн укканмын.

- Акмактар десе, кудай бир сактады да кызым.

- Сизге ыраазымын ата.

- Садагам, кызым силер үчүн жанымды аябаймын.

- Ыраазымын, силер болбосоңор өлтүрүп коймок, өлтүрүп сууга таштап ийгиле дегенде жашоодон үмүтүмдү үзүп калганмын, - Батманын көз жашы жаздыкка тамып жатты, - Акча колго тиери менен өлтүрөбүз дешкен.

- Жаныбек Жусупович, көп чарчатпагыла, эми гана жакшы боло баштабадыбы, эс алсын бу чоң кыз, буйруса эки-үч күндөн кийин ордунан туруп кетет, - деп шыпылдаган Темирбек Кубатбекович кирип аларды сыртка чыгарды, ошол учурда Айша менен Акмат келип калды:

- Кандай, Батманын акыбалы жакшыбы? - Жаныбекти суроолуу карады.

- Кудайга шүгүр эже, бүгүн көзүн ачты.

- Кудай айланайын, аксары башыл айттым, кызым аман-эсен сакайып кетсе бир бодону союп тараталы дегенбиз.

- Эми коркунуч жок...

- Кирип чыксак болобу?

- Азыр врач кирди.

- Жаныбек иним, - деди Акмат ага жакын келип, - Дары-дармегине деп азыраак тыйын алып келдик эле, врачка беребизби же...

- Акмат аке, мен баарын сүйлөшүп койгонмун, сиздер бир нерсени унутпаганыңыздар, мен Батмабы же Айдайбы ар дайым өз балам деп билем, анткени аны ымыркайынын багып өстүрдүм, алгачкы күлгөнү, ата-апа деп алгач тили чыккан күнү, тамтуң басып апасы экөөбүздү кубантканы али көз алдымда, - Жаныбек кызуулана ачуусу келгендей сүйлөдү, - Ал кыз үчүн мен эчтемемди аябаймын, Айдар андан бетер көзүн карап отурат, уурулар сураган акчаны мен түгөл врачка бердим, сиз тим коюңуз! - деп ары басып кетти. Акмат шалдая туруп калды, ал деле ойлонгон, Батманын өздөрүнө боор бербей, ата-апа дебей алардан өзүн ала качканын билет. Бирок Айша болбой Акматка: "Сен дагы берип кой да, Жаныбек каратканы менен бала биздики го", - деп алып келген: "Демек биздин Батмага катышканыбыз жакпайт экен, кантсе дагы өз баласындай кылып баккан эмеспи, эти мунуку сөөгү меники, эми мен басып келбейм аман болсун", - деп ойлонгон Акмат ооруканадан чыгып кетип калды. Ал ошол учурдагы аялынын эгиз төрөгөнүн айтпай бирин буларга берип койгон акушеркаларды ичинен сөгүп каргап жатты. Айша аны байкабады, күтүп отуруп Батмага кирди, ал көзүн ачып жаткан, аны көрүп жактырбагандай көзүн жумду.

- Кызым, жакшы болуп калдыңбы айланайын? - деп эңкейип өптү.

- Жакшы.

- Кудай сактаган экен, деги булардын мафиясы болсо керек кызым, үйгө эле барсаңчы.

- Бул эмне деп айтканыңыз, атамдар укпасын, мага күйсөңүз экинчи мындай сөздү айтпай жүрүңүз! - деп ары карап кетти.

- Эмне дейсиң, ботом мен сенин өз энеңмин го?

- Менин өз энем өлгөн, болбосо жанымда болмок!

- Батма!

- Мен Айдаймын, атамдарга жаман сөз айтканды мен жактырбайм!

- Кызым...

- Барыңыз, мени тынч коюңуз.

- Атаңгөрү-ү, өз балаң ушинтип турса азап тура.

- Сиздин балаңыз боло албасымды билип турсаңыз дагы сүйлөй бербеңиз, мени тынч коюп барыңыз деп жатам! - дегенде Айша ыйлаган бойдон чыгып кетти. Батма дагы ыйлады, ал өзүнүн ара жолдо калганына өкүнүп жатты, бирок ал Жаныбек атасынан кете албайт болчу, ошол учурда Нурдин кирди.

- Батма, Айша апа эмнеге капа болду?

- Нурдин, мени кечир, мындан ары сен экөөбүз бирге боло албайбыз, анткени сага жолугуп мен көп азап чектим, мени тынч кой, мен мындан ары Батма болуп жашай албайм, Айдай болуп гана атамдын кызы бойдон калам, сен мени Тинатинге окшоштуруп сүйдүң, мен эми сени менен табышмактуу өмүр сүргүм келбейт!

- Эмнеге, биз жаңы жашоо баштайбыз го?

- Андай болбойт, экөөбүздүн башыбыздан көп нерсе өттү, ошондуктан биз бөлүнүүбүзгө туура келет, сен мени түшүн, - деп Айдай ыйлап жатканда Жаныбек кирип:

- Нурдин, Айдайды тынч кой, эс алсын бул дагы, көп кыйналып калды, - деп Нурдинди алып чыгып кетти, Батма ойлонуп жата берди, ага Алтынай келип тамак-аш киргизди, аны менен бирге Гүлзина менен Каныбек келген, алар анын абалын көргөнү келишкен, бир аз отуруп анан кетишти: "Менин тагдырымды ушул абалга келтирген аялдар бар болду бекен, мен ошолордон өч алуум керек, мындан ары бирөөнүн баласын бирөөгө бербей турган болсун, керек болсо өзүм сотко беремин", - деп ойлонуп жатты. Туура бир ай жаткан соң Батманы чыгармак болду эле Жаныбек көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн суроосун Темирбек Кубатбековичке айтып отурду:

- Темирбек Кубатбекович, Айдайдын ден-соолугу калыбына келдиби?

- Баары жайында, коркунуч жок Жаныбек Жусупович.

- Төрө алабы?

- Кам санабаңыз, болгону үйдө бир ай болгондон кийин кайра дагы дарыланышы керек, үч жолу жакшылап дарыланса төрөгөнгө болот.

- Рахмат сизге Темирбек Кубатбекович, колуңуз дарт көрбөсүн, дагы далай-далай ооруларды сакайтып жүрө бериңиз, - деп кош колун суна кубанычын билдирди Жаныбек.

Ошол күнү Айдайды үйүнө алып келди, түлөө өткөрүштү, Акмат менен Айшаны чакыртты эле келишпеди, Нурдин ошол эле жерде жүрөт бечара, Акматтын ага айтканын, Айшанын ыйлаганын угуп билип турса дагы: "Өзүнө келсин, жабыр тартып калганга сүйлөп койду, Айдай мени сүйөт", - деп өзүн-өзү сооротуп жүрдү. Айдай эч ким менен сүйлөшпөй эле өзү менен өзү болуп калды. Анын көз алдына тытмалап өзүн кордогон эркектер, "Өлтүрүп койбосок баары бир билинип калат, өлүгүн тапкыча биз изибизди суутуп кетебиз", - деген тааныш Бектурдун үнү кулагына жаңырып көзүн жумуп ийет. Кээде түшүндө да алар кордоп жатканы кирип чоочуп ойгонот. Бүгүн дагы уктап жатып түш көрдү, түшүндө Нурдин жанында жатыптыр, бир кезде эле Нурдиндин ары жагында Тинатин пайда болуп өзүн көзгө илбей алар кадимкидей сүйлөшүп жатышыптыр, ал күйөөсүн бери каратмак болуп түртсө дагы тоготпойт, кайра-кайра түртсө болбойт, ошол учурда Нурдиндин бери жагына Тинатин өтүп: "Сен менин элесимсиң, Нурдин сени менен мен деп кана жашайт, көрдүңбү биздин балабызды", - дегенинен караса болтойгон уул бала колунда жүргөн экен: "Бул менин балам, бер мага", - деп талашканда: "Сен качан менин эгизим экениңди мойнуңа алганда берем, сен унутпа биздин бир тууган экенибизди, мен Зуурамын, а сен Батма", - деп жүзүн-жүзүнө жакындатып бойлошуп жатып алганда:

- Аа-ай! - деп бакырып тура калды, жүрөгү лакылдап калыптыр, кара терге түшүп кийими сыгып алма болуп кеткен, эки жагын элеңдей карап суу ичкиси келип эми турмак болуп жатканда эшик ачылып Нурдин кирип келе жатканда, - Апа-а! - деп бакырып ийди:

- Айдай, эмне болду сага? - деп жетип келди Нурдин.

- Суу, суу ичем...

- Азыр, мен алып келип берем, - Нурдин ашканага барып суу алып келди, - Кел жаным, суудан ууртачы, - деп бергенде жумуру кургагандай жутту.

- Нурдин, мен корком.

- Коркпо алтыным, чоочуп калгансың да.

- Жо-ок башкадан.

- Эмнеден? - Нурдин жанына отуруп кучактады, - Ойлоно бербе, баары өттү кетти.

- Нурдин, менин түшүмө Тинатин кирди.

- Эмне-е?

- Ошол, ал сен экөөбүздү жашатпайт.

- Коркпо, сага дем салдырып баягы көзү ачыкка бармак бекен?

- Ал менин денеме кирип кетти!

- Ыя, койчу калпты!

- Чын эле, ал мени сен Батмасың, мен Зуурамын, качан сен мойнуңа алмайын бала бербейм деди, кадимки эле менин элесим, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жаткандай болдум.

- Түшкө кире берет, жатып укта.

- Уктай албайм, корком Нурдин.

- Жаныңда болом.

- Сен дагы укташың керек.

- Мен сени уктатып анан ордума барып жатам.

- Жаныма эле жата берчи Нурдин.

- Макул жаным, - Нурдин аялын кучактап жатып калды.

- Нурдин, мен кантип моюндайм.

- Эмнени?

- Ата-энеңди кабыл ал, Батма экениңди моюнда, сен менин эгизимсиң, - деп жатыптыр.

- Ал оңой эле, ата-энеңден кечирим сура, өз кызындай болуп барып тур.

- Ошого көнө албай жатпайынбы.

- Көнүп кетесиң.

- Сен мени Тинатин деп эле сүйгөнсүң туурабы?

- Койсоңчу, эми өткөндү козгобой, сенин Айдай экениңди билип эле сүйүп калганмын, - Нурдин келинчегин бекем кучактап өөп алды, - Сени ушундай катуу сүйөм Айдай.

- Батма эле дагы.

- Макул, менин Батмам, - Күлүп койду, ал ушул саам кубанып турду, өз аялынын жанында жатканына, бара-бара көнүшүп кетебиз деп кудуңдап жаткан, бирок аздан кийин көзү илинип кеткен Батма:

- Ап-паа! - деп дагы бакырып тура калды, жаңы эле уктап бара жаткан Нурдин аны карап дагы өзүнө тартты:

- Эмне болду, катуу корккон экенсиң да жаным.

- Жаман түш көрдүм.

- Түшкө эмнелер кирбейт, жата бер.

- Уктагандан корком, - деп Нурдинди кучактап отуруп алып көргөн түшүн көз алдына келтирип жатты, баары бир эле мүнөттүн ортосунда болду, Нурдиндин жанына отуруп алган Тинатин: "Мен эми сенин жаныңа Нурдинди калтырбайм, бул мени менен кетүүгө тийиш, Нурдин сени эч качан сүйгөн эмес, мен аны дагы да сүйөм, сен жолтоо болуп жатасың", - деп Нурдинди өзүнө карай тартып жатканда Батма аны түртүп жиберип Нурдинди бери тартып алып: "Сен өлгөнсүң, мен тирүүмүн, кет бизден", - дегенде экөө алышып жатканда аппак кийинген бир аял келип аны ары карай алып кетти, экөө алышып жаткандай болду, Батма Нурдинди кучактап турганда аппак кийинген жанагы аял келип: "Коркпо кызым, ал эми келбейт, сен бактылуу болосуң, ал өз сүйгөнүнө жетпей калганга ызалуу экен, жатаарда ар дайым куран окуп жаткыла, анан ысырыктоону унутпа", - деп көздөн кайым болду, ошондо ал аялдын апасы экенин таанып калып: "Апа-а", - деп кыйкырып ойгонгон. Таң атканча экөө кучакташып отуруп чыгышат. Эрте туруп күндө кызынын акыбалын билүүгө баш бакчу Жаныбек эшик какпай эле кирип аларды көрүп туруп калды, чыгып кетүүгө да болбой калды, анткени Нурдин көрүп калды.

- Кызым, акыбал кандай? - деди бери жакка басып.

- Жакшы ата.

- Ата, Айдай түнү менен чоочуп уктабай чыкты.

- Эмнеге, катуу коркуп калгансың го кызым? - деп келип бетинен өөп.

- Ата, жанаарак апам түшүмө кирди.

- Ыя? - Жаныбек чоочуй карады.

- Ооба, апам түшүмө кирип жатыптыр, ал бизди бирөөдөн арачалап жатты.

- Колдогону кызым, ал байкуш дагы сенин кыйналганыңды билип жатса керек.

- Ошондой, өзү аппак көйнөк кийип алыптыр ата.

- Бейиште болсо керек...

- Ата, мен бүгүн баягы көзү ачыкка барып келейинчи.

- Макул, Нурдин экөөңөр барасыңарбы?

- Ооба ата, мен алып барып келем, - деди Нурдин.

- Макул анда, мен жумушка кетейин, - деп бөлмөдөн чыкты.

- Батма, атам күндө ачка кетчү болду, чай кайнатып тамак кылган киши жок, сен отуруп тур, мен бирдеме жасай коеюн, - деди Нурдин, - Мындан ары эрте туруп өзүм кайнатып турбасам, - деп ашканага чыкты. Батма тамак жасаганды билбейт, ошол учурда Айдар менен Алтынай келди, алар Нурдиндин ашканада тамак жасап жатканын көрүп тим болуп калышты, Айдайдын акыбалын сурап анан кетишкен, эки сааттан кийин Айдар өзү улгайган аялды алып келди. Дал ошол күнү Айдар үй кызматчы керек деп жарыя бергенде Зыйнат иш издеп ошол жерде жүргөн, кызматчы керек дегенди угуп жетип келип Айдарды көрүп боюн тартып алды да ары басып кетти, ал абдан өкүнүп жүргөн. Өзүн Катя деп атаган аял түрмөгө жатып чыккан, ал күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай кетип өлтүрүп алып он жыл отуруп келген. Баласы жок эле, бараар жери жок эптеп баш калкалаар жер таппай жүргөн, Катя келгенден кийин ага Батма ашкананы көрсөтүп баарын тааныштырды, тамак аштын кайда тураарын айтып көрсөтүп берди:

- Атам эрте жумушка кетет, чай даяр болуу керек, - деди анан.

- Жарайт кызым.

- Үй ичин тазалап жууп турасыз.

- Жарайт.

- Качан чакырганда даяр болууңуз керек, - деп жата турган бөлмөсүн көрсөттү.

- Рахмат кызым.

- Акыңызды агам менен сүйлөштүңүзбү?

- Ооба, айына үч миң сом, жатакана ичкениң бекер деди.

- Жакшы, - Батма өз бөлмөсүнө кирип кетти, Нурдин сыртта унаасын тазалап жаткан, экөө табыпка бармак, даярданып чыгып кеткенден кийин үйгө Айдардын айтуусу менен Алтынай келди, ал Катя менен сүйлөшүп, түшкүгө кечкиге кандай тамактар жасаш керегин, кофе менен чайды кандай даярдоо керегин айтып баарын көрсөтүп үй тартибин белгилей кетти:

- Сиз ар дайым таза болушуңуз керек, тырмактарыңыз болбосун.

- Өзүм деле өстүрбөйм кызым.

- Бул жерде душ бар, эч ким жокто же баары жаткандан кийин жуунасыз, анан буларга тийбей өзүңүзгө башка щетка, самын сүргүлөрдү алып алыңыз.

- Макул кызым, бирок менде аларды алганга тыйын жок.

- Бул акчага самын тиш жуугучтарды алып алыңыз, мен сизге сүлгү берем, - деп Алтынай Салиманын сүлгүсүн бере салды, ал өлгөндөн бери илинип эле турган.

- Түшкүгө тамак даярдаганча жуунуп чыгыңыз, - деди анан, өзү баласы менен диванда отуруп Нурдиндерди күтүп калды. Катя айткандай өзү дагы көптөн бери жуунбаганга сергип эле калды, анан тамак жасаганга киришти, Алтынай анын иш кылганын карап туруп анан өзүнчө: "Бул аял тамак жасап жүргөнбү же", - деп ойлонуп, - Эже сиз бир нерсе жасап жүрдүңүз беле? - деди.

- Кызым, мен...

- Бала чакаңыз барбы?

- Жок.

- Кайдан болосуз?

- Ысык-Атадан болом.

- Мен ошол жерден болом, атам Рустам деген.

- Билбейт экенмин, - деп койду Катя.

- Эми эл көп эмеспи, - Алтынай ойлонуп калды.

- Атаң келип турабы? - деди Катя көптөн кийин.

- Ооба, Алтынай аны сынай карады, - Эмнеге сурадыңыз?

- Жөн эле...

- Макул эже, тамакты мындай жасаганыңыз болбойт, - деп өзү көрсөтүп берди. Тамак жакпай калса ичпей коюшат, күйөөм сизди байкабай алып келип алыптыр, болбосо баарын сурап билип анан алып келсе болмок, - деди капа боло, аңгыча Айдай менен Нурдин келип калды, Алтынай алар менен сүйлөшүп отуруп калды...

Сагынай Садырдын өзүнчө үй алганына кубанганы менен үй ичиндеги мебелдери жок отурганына жини келип жүрдү. Садыр үйдү Сагынайдын атына жаздырганын айткан эмес, качан ал жинине тийсе документти колуна карматып коюп Бүбүканга кетип калмак ою менен үйүнө алып барып бекитип койгон. Данагүл кызы абдан жакшы болуп калганда:

- Сагынай, мен сенден бир нерсе сурайынбы?

- Апай эмнеге антесиң сурай бериңиз.

- Сенин күндөшүңдү уу берип өлтүрө жаздаганың чынбы?

- Ким айтты? - Сагынай апасын селт эте карады, анын бул карашынан Данагүл дароо эле сезди, - Айта бербейби, - деп кайра жүзүн буруп кетти.

- Мындайың болбойт кызым, бирөөнүн канын мойнуңа алганың күнөө, атаң экөөбүз силерди жакшы эле тарбияладык эле, кантип бетибизге көө жапмаксың кызым, өзүң эр таба албай калгансып экинчи аял болуп алып ошондой жол менен кутулгуң келдиби?

- Калп! - деди Сагынай, - Ким айтса да калп айткан.

- Бүбүкан сен төрөгөндө үйгө барып жаздыгыңдын алдынан каткан чөптү таап алыптыр!

- Ыя? - Сагынайдын көзү чакчая түштү.

- Ооба, ал врач сураганда да айтпаптыр, ким берди деп такыган экен, башка аял болсо сенин балаңды алып калып туруп каматып коймок, ошондо акылың кирээр беле?

- Апа, эмне деп эле жатасың?

- Айтканым ушул, сырыңды айтсаң айт айтпасаң экинчи энем дебе, үйгө кетем да кайрылып келбейм, өз билгениңди кыла бер!

- Апа...

- Эмне сага ал кысым көрсөттүбү?

- Жок.

- Анан эмнеге күнөөгө батып жүрөсүң?

- Апа кечир, мен ал болбосо эле Садыр менен үй-жайы меники болот деп ойлодум.

- Ээ кокуй, башың аман болсо үй болот эле го, дагы жакшы аял экен, эч кимге айтпай коюп сага үй алдырып берип минтип отурат, жакшы болсоң акыры жетет элең го?

- Эмне кылайын анан, Атыр жеңем өлтүрүп кутул деген, - деп Сагынай балп этип айтып салды.

- Эмне дейт өлүгүңдү көрөйүн, Атыр ошентип жүрөбү? - Данагүл кызына ишенбегендей карап ормое отуруп калды, Атыр улуу келини эле.

- Ооба, жеңеме айтсам аз-аздап билгизбей берсең эч ким анын өлүмүн сенден көрбөйт, билинбей калат деген болчу.

- Ок акылы жоктор десе, адам өмүрү силердин колуңарда беле ыя, кудай ага өмүр берген болсо эчтеке кыла албайсыңар, өлүп калса каны мойнуңарда болуп өмүр бою кыйналып жүрүп өтмөксүңөр, кан куткарбайт дейт, азап менен өлмөксүңөр! - деп Данагүл кызына катуу айтып коркута сүйлөдү.

- Өлгөн жокко, - деди Сагынай тултуңдай, - Кандай билгенин билбейм, аябай куу аял экен ооруганын дагы айтпай врачка көрүнүптүр да.

- Аны өлтүрүп эмне кылат элең акылсыз?

- Мына, бул үйдү алып берип коюп өзү заңгыраган үйдө кала берди, же мебел жок же сервант, шфонер жок көрдүңүзбү, квартиранттан бетер баштыктарга салып отурабыз.

- Мен сага сандык алып беремин, атаңа кеңешип жууркан төшөк менен эптеп бир шфонер алып беребиз, анан калганын күйөөң экөөңөр алып аласыңар да кызым, бирөөнүн буюмуна суктанып көз арткан болбойт, ал бечара ушунча жыл өз эмгеги менен тапкандыр, жасагандыр, аны өз жайына кой, мени энем десең бирөөгө кара санаба кызым, - деп кызын ойлуу карап отуруп калды, Сагынай дагы үн дебеди: "Чын эле бирөөнүн көз жашынан мен бакыт кура аламбы, кудай сүйсүн деп бала берди, Садыр бала үчүн гана баарын жасап жатат, балким ошол аялынын арты менен мага карап жаткандыр, мен ага канча жаман айтсам дагы эчтеке деген жок, ал аял акылдуу анан куу болсо керек, чынында акылдуу гана адам куу болот окшойт, өз пешенемден көрөйүн, башкага карасанаганым болбойт, балдарым аман болсо болду, улуусуна карабай өзүм ага тийип алгандан кийин акырына чейин чыдашым керек", - деп ойлонду, Данагүл кызынын ден-соолугу дурус болуп калгандан кийин кетти. Садырдын үйүнөн үмүт кылган Сагынай балдарын багып үйдө болуп калды, уулу абдан ыйлаак болду, жалаяктары толуп кетет, баласын эми уктатып коюп эми ишин кыла коеюн десе Сезими чай ичем, нан жейм, - деп ыйлап кирет, анан баары калат, жадагалса Садыр келгенче тамак дагы жасай албай калчу болду. Кечке иштеп эт-ашты алып келип койсо кээде муздаткычтын жогунан эти сасып да кетчү, аны көргөн Садыр:

- Алып келген оокатты эптей албайсың, деги бир дурусураак бирдеме ичебизби? - деди бир күнү кейип.

- Балдардан колум бошобойт, Жанар аябай ыйлаак, аны уктатсам Сезим ыйлайт.

- Бала менен эле кыргыздын аялдары тоо-ташта жүрүп кирин жууп, казанга от жагып үй-бүлөөнү багып келген, от жакпайсың, асып койсоң бышат го, этти сасытып ыргыткыча.

- Ошого дагы кол тийгизбейт буларың.

- Мейли анда, булар чоңойгуча эчтеке жасабай эле кой, - деп үңкүйө отуруп калды Садыр, ал ушул турмушту өзү тандап алганына өкүнүп жүргөн болчу, ал эртеси Бүбүкан менен сүйлөшмөк болуп барганда ал аны жаадырай тозуп алып, баштагыдан сулуу да мээримдүү да көрүндү:

- Ырас келдиң, - деди Бүбүкан, - Экөөбүз арызды алып баралы да ажырашалы Садыр.

- Эмнеге эле шашып калдың Бүбүш?

- Балдарыңа күбөлүк албайсыңбы, ушинтип жүрө бермек белең?

- Балдар кайда кеткен? - деп Садыр ага жооп берүүнүн ордуна Сапарларды сурады.

- Аларды Рустам чакырыптыр.

- Аа-а, - деп унчукпай калды.

- Жүрү, сени күтүп жаттым эле баралы.

- Мен сени сагындым Бүбүш, кубалабачы мени.

- Ой кокуй күн десе, эми сенин аялың менен балдарың бар Садыр.

- Алардын энеси бар, үстүндө үйү турат, жашай беришет.

- Жок! - Бүбүкан ага олуттуу карады, - Сен бул жолду өзүң тандап алгансың, эми артка кайта албайсың, эки баланын убалы кимге, алар болбосо дагы бир жөн эле.

- Макул-макул, сен бир чечимге келген экенсиң, карайган дилиңди агарта албайм де...

- Көп сөздү кой Садыр.

- Кеттик, сен каалагандай болсун, - деп Садыр шылкыя сыртка жөнөдү, ошентип алар арыз берип он күндөн кийин ЗАКСын кырктырып өз жолдоруна түштү, Бүбүканды унаасы менен Денис Айткулович күтүп Турган, чыкыя кийинген Бүбүкан ага карай барып отурганын көргөн Садырдын ичи ачышып дел боло карап калды: "Демек ажырашкысы келип туруп алганынын себеби ушул тура, бул эмнеге Бүбүканга жабышып калган, үй-бүлөөсү жок болду бекен, балким ойноп күлүү үчүн керектир, ай мейличи Бүбүкан карып деле калган жок да, жаш өмүрүн текке кетиргиси келген эместир, балким мага өчөшүп ушуга барды бекен?", - деп шалдырай басып үйүнө жөнөдү:

- Эмне ажыраштыңарбы? - деди Сагынай аны көрүп эле.

- Ооба, - деп отуруп калды.

- Аялың менен ажырашканга ичиң ачышып жатабы?

- Жөн болчу, эми сен экөөбүз ЗАКСка туруп балдарга күбөлүк алуубуз керек, - Садыр оор күрсүнө жер карады.

- Деги эле ажырашкың келген эмес экен да.

- Сүйлөй бербечи, оюңдун жаманынан качан кутуласың?

- Анан эмнеге эле кабагыңа кар жаап турат.

- Чарчадым.

- Эми качан ЗАКСка турабыз?

- Шашылба, акыры турабыз да.

- Күбөлүк алыш керек да же ага дагы шашпай жүрө берелиби?

- Алабыз, эми баары болот, - Садыр ага ойлуу карады, - Мен сага бир шарт коемун, сен кээ бир кыялдарыңды таштай аласыңбы?

- Кандай кыял экен ал сага жакпаган? - Каштарын жыйрый жини келгендей карады.

- Сенин көп кыялдарың бар, бул төрөлгөндөн калганбы же жөн гана жашоодон улам ушундай болуп кеткенсиңби?

- Сен менден экзамен алып турган жоксуңбу?

- Сагынай, мен сага жолукканда абдан жакшы келин элең, кийин эле мени адамдан да айбанча кабыл алып иниңе урдуруп ден-соолугума зыян келтирдиң, байлык дегенде адамгерчиликтен танып кетмең бар, балким мени өлтүрүүгө да ниетиң бурулаар...

- Сен мени ким деп турасың, ЗАКСка турбасаң койчу, - деп Садырдын сөзүн акырына чейин укпай жини келип кетти.

- Мындай көтөрүмсүздүк баарына алып барат.

- Сөзүңдү уккум да келбейт.

- Болуптур анда Сагынай, менин сага ишеничим жок, - Садыр колундагы пакеттен үйдүн документтин алды, - Мен сени менен үйлөнө албайм, бул үй сеники, балдарым үчүн ушуну кылдым, балдарга каралашып турам, өз жашооңду өзүң өткөр! - деп документти таштап кетмек болду.

- Садыр, бул эмне деген жорук?

- Сен менден байлыкты күттүң, мындан артык байлык бере албайм, менде болгону ушул, бактылуу бол, эгерде балдарды бага албайм десең өзүмө берээрсиң, - деди да чыгып кетмек болду, Сагынай анын алдын тосту.

- Мен сенден байлыкты качан сурадым?

- Сурагансың, үй алып бердим, ушуга ыраазы бол!

- Садыр, сен мени минтип таштап кете албайсың, эгерде азыр чыгып кете турган болсоң мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - деп идиш аяк жактан бычак алып өлөрмандыкка өттү, - Кана, кетесиңби?!

- Сагынай, мындай өжөрлүктүн эмне кереги бар?

- Сен мени шылдың кылып эки баланы төрөтүп коюп басып кеткиң келеби?

- Өзүң кааладың муну, сен өзүңдү өлтүрсөң өзүңө жаман, жаш өмүрүңдү кыюу оңой болсо каалаганыңды кыл! - деп Садыр чыгып бара жатып, - Мен жумушка кеттим, кечинде келем, ойлонуп тур, - деди да чыгып кетти, Сагынай үнсүз ыйлаган бойдон кала берди, ал өзүн өлтүрө алмак эмес, жөн гана Садырды коркутмак болгон эле. Ал кеткенден кийин дагы көпкө ыйлап отурду да ойлонуп үй ичин жыйыштырып, балдарын тойгузуп кир жууп кечкиге тамак жасап: "Мен чын эле жакшы аял эмесмин, жакшы аял болгонумда Канаттан ажырап Тилекматты атасыз калтырбайт элем да, эми Сезим менен Жанарды атасыз калтырып өзүм багамбы, атамдар эмне дейт, агаларым деле жакшы көрбөйт го, үй го мага жазылыптыр, бирок мен атасыз балдарды кантип бакмак элем, кой жакшы аял болоюн, Садыр келсе кетпе дейин", - деп ойлонуп отурду. Садыр жумушуна барбады, Бүбүканды кызганып үйүнө келсе анын шыңкылдаган күлкүсү босогодон эле угулду: "Менден ажырашканына кубанып калган экен, балким жанагы врачы дагы бардыр, мен ага жол бербейм, аны таштадым деп айтамын, эч качан Бүбүштү башкага бербейм", - деп эшиктен кирип келе жатты:

- Бүбүш, - деген эркектин үнүн угуп: "Жо-ок минтип мен гана атачумун, неге ал Бүбүш деп эркелетет, анын акысы да жок", - деп ойлуу ошол бөлмөгө жеткенче арышы саналып жылбай калгансыды, - Бүбүш, мен сени көргөндөн ашык болдум, көрсө экөөбүздү кудай кошуп жаткан тура, - Денис Айткуловичтин бул сөзү Садырдын кулагын көзөп өткөнсүдү: "Эмне дейт, экөөнү кудай кошуп койдубу, кантип айтып жатат бул сөздү", - Садыр эшикке келип эсин жоготкондой тура берди, - Жаным, эми сенин макул деген бир гана сөзүң керек, - дегенде Садыр эшикти ачып кирип барды:

- Жо-ок Бүбүш, сен макул дебе!

- Сады-ыр! - Бүбүкан ордунан тура калды.

- Сен менден ажырасаң мен сенден ажырай албайм Бүбүш, тигини кет де, кетип калсын Бүбүш! - деп келип ага жалдырай карады, Денис Айткулович козголбоду:

- Садыр, эми сенин аялың, балдарың бар, аларды таштай албайсың.

- Жок, мен аларды таштап келдим, мен жаңылдым Бүбүш, кечир мени.

- Садыр, жүрү эшикке, сүйлөшөлүчү, - деп Бүбүкан аны сыртка алып чыкты:

- Мени кет дебе Бүбүш.

- Садыр, сен мени түшүн да, сени балалуу болсун деп каршы болбодум, бир эмес эки балалуу болуп уулдун да үнүн уктуң, эми кудай берген балага кусур кылба, кесириң тийбесин аларга, эми жаш эмессиң да, тынч жашооңду өткөр, - Бүбүкан аны аяп жумшактай сүйлөдү, - Сагынай абдан эле жаш, сен аны көтөрүшүң керек, дагы төрөп берет, анан кагылат, токтолуп өзү эле зыңкыйган аял болот, ал Гүлүдөн кичүү да билсең.

- Ыя, ошондойбу Бүбүш? - Садыр аялына таңгалып карады.

- Анан эмне, эки жашка кичүү, Гүлү отуздан ашты, ал отузга чыга элек, сен аны тарбиялап алсаң болот, жаштын жаштай ой кыялы болот, азыркы жаштар жалаң байлыкты көксөшөт, аны акырындык менен көндүр, тиги малды үйүңө алып келип бак, ага каалаганын алып бер, анан өзү эле топук кылып калат Садыр, - деп Бүбүкан ага түшүндүрүүгө тырышып жатты.

- Бүбүш, тигил адамды кетирчи, мен сени ыраа көрбөйм! - деди Садыр балача ага эрээркеп, - Өзүң билесиң отуз жыл бою менин аялым да, тууганым да болуп калдың, сени мен эч кимге бергим келбейт.

- Сады-ыр! - Бүбүкан күлүп ийди, - Мен деле адаммын го?

- Ооба-ооба, - Садыр калдастай түштү.

- Өтө жаш болбогонум менен карый элекмин туурабы?

- Аның чын.

- Андай болсо бири-бирибиздин көөнүбүздү калтырбайлы, сен өз турмушуңду жөндө, мен дагы өз бактыма көз жумуп таштагым келбейт, - Жер карап туруп калды.

- Кечир Бүбүш, мен сени ойлогон эмес экенмин, сени менен кайрадан бактылуу жашайбыз деп ойлогом.

- Биз эми бактылуу боло албайбыз Садыр, үчүнчү бирөө бар, ал сөзсүз келет, кемчилигин айтат, мага тили тийиши мүмкүн, ортодо жаман-жакшы сөздөр өтөт, кантип кандай жашоо болот өзүң терең ойлонуп көрчү, - деди Бүбүкан.

- Туура айтасың, мен ошону ойлобопмун, - деди да Садыр жолуна түштү, анын заманасы куурулуп көзүнөн жаш куюлуп бара жатты, чынында бир кездерде Бүбүкандан көңүлү калганын эстеди, анын бат эле өзгөргөнү, мурдагы өзүнө жасаган мамилеси бүт көз алдына келип: "Демек Бүбүкан мени сүйгөн, ал Сагынайдай эмес болчу, кийимимди кирдетпеди, кардымды ачырбады, кийин эле жинди боло жаздап Алтынайдан мени кызганганы жаман болгон, ошол себеп болбогондо мен дагы ага жолукпас белем, балким мунун баары тагдырдан", - деп көчө бойлоп үйүнө жөө жөнөдү, ал Кызыл-Аскердеги үйүнөн Арча-Бешикке чейин жөө барды, чарчаганы сезилбеди, жөн гана жүрөгү ачышып турду. Күүгүмдө үйгө кирген күйөөсүн көрүп:

- Кир, тамак даяр, уулуң экөөбүз сени күтүп отурабыз, - деди күлө карап эки жакка көз токтотуп калган наристени колуна берип, - Ала тур, тамак алып келейин, - деди Сагынай.

- Уулум кишини карап калган го, - Садыр наристени ууртунан өөп койду.

- Ооба эки ай болоюн деп калбадыбы, - деп Сагынай кубана карап тамакты астына койду.

- Ме уулумду жаткырып кой, - деп баланы сунду, - Ыйлабай калдыбы?

- Ыйлаагы калып бара жатат.

- Эми чоңойгон сайын ыйлабай калат.

- Садыр, мен Тилекти алдырып келсем кантет, балдарга карайт эле.

- Өзүң бил.

- Ал чоңоюп калбадыбы, Сезимди ойнотконго жарайт.

- Окуй элекпи?

- Быйыл алтыда, эмдиги жылы окуйт.

- Алсаң алып келип ал, балдарга карайт.

- Ошентейин, - деген Сагынай Садырдын жумшанып калганына кубанып турду, ошентип Садыр тагдырына моюн сунду, ал Бүбүкан айткандай малын алып келээрден мурун короосун даярдады, сарай салды, анан жыйырмадай кой эчкиси менен эки уюн алып келип эки уйду торпогу менен Сапардын энчисине он чакты кой бир атын таштады. Сагынайга алтын жасалгаларды алып берип колуна акча карматты. Ошондон кийин Сагынай дагы өз оюнан кайтып Садырга баш ийип жашап калды, ал тамактын түрүн жакшы жасачу, ошондуктан жашоосуна эми гана ыраазы болгондой эт бети менен киришти. Садыр эртели кеч уул-кызын эркелетип толук кандуу үй-бүлөөгө айланды...

Бүбүкан Садырга боору ооруп турду, сыртта аны узата карап көпкө туруп анан кирди.

- Кеттиби?

- Кетти.

- Ичиң ачыштыбы Бүбүш?

- Өзүң кандай абалда калат элең Денис?

- Билбейм...

- Отуз жыл бирге жашадык, бир кызыбыз бар, сиңдимдин эки баласы менен үчөөнү тарбияладык, бир дагы кер-мур айтышпаппыз, менин кээ бир кыял-жоругума дагы капаланчу эмес, - Бүбүкан оор үшкүрүп алды.

- Бири-бириңди сүйгөн экенсиңер да?

- Сүйүү бар эле, бир баланын айынын сүйүү жоголду...

- Жо-ок Бүбүш, жоголбоптур сүйүүңөр, мен анын көздөрүнөн сүйүүнү көрдүм.

- Койсоңчу Денис, мен анын балдарын атасыз калтыргым келбейт, аялы жаш.

- Тагдыр ушундай дечи.

- Ушундай болду.

- Бүбүш, тезирээк эле үйлөнүп алалычы.

- Шашканда не...

- Мени балдар менен туугандарым үйлөн деп шаштырып жатат.

- Анда үйлөн, - Бүбүкан наздуу шыңк этип күлдү.

- Сен макул десең азыр да алып кетем.

- Болбойт, балдарыма адегенде түшүндүрүүм керек.

- Балдар түшүнөөр бекен?

- Неге түшүнбөйт, Гүлүм мугалим болуп иштейт, Сапарым акыл-эстүү, Алтынай болсо менин бактылуу болушумду, жалгыз калбай ден-соолукта болушумду каалайт, башкысы аларга айтуу кыйын.

- Айтабыз, балдарды көндүрөбүз, менин сенден гана макул дегенди угуу максатым чоң Бүбүш, - деди Денис Айткулович ага жакындай, - Же сен дагы мени картаң деп чанасыңбы?

- Айтасың да, өзүң чоң адамсың, атак-наамың бар, андан көрө мен сага ылайыкмынбы? - Бүбүкан ага ойлуу карады, - Чөйрөңө туура келбей калбайын?

- Бүбүш, сени мен өзүм жактырып калдым, менин чөйрөмө дал келесиң, демек мен сүйгөн аялга менден башка эч ким сын айтууга акысы жок, - деп өзүнө имере кучактады, - Мен сени сүйөм Бүбүш.

- Чынбы? - деп дагы шыңкылдай күлдү Бүбүкан, - Биздин куракта сүйүү болушу мүмкүнбү?

- Мүмкүн, жаш кезде эле болот бекен, - Денис Айткулович күлө карады, - Мен мединститутту бүтүп өз айылыма бардым, ата-энем үйлөн деп шаштырды, өздөрү тапкан кызга каршылык кылбай үй1лөндүм, анткени ата-энемдин жалгыз уулу элем, тапкан ташыганын берип мени окутушту, карып калган кишилердин өтүнүчүн кага албадым, Уялга үйлөндүм, ал мага жакшы жар болуп берди, эки уулдуу болдук, менин илимдин артынан түшкөнүнө туура карады, түшүндү мени, тапканымды үнөмдөп сарптаган аял болду, өзүм канчалык врач болсом да ата-энемди ажалдан алып кала албадым, атам токсонго, апам жетимиш бешинде өтүп кетти, - Денис оор күрсүнүп алды, - Уялкан кыркка чыкканда ооруп калды, болгон күчүмдү салып дарыладым, он эки жыл оорунун азабын тартып элүү эки жашында көзү өтүп кетти...

- Жаман болуптур, жеткен ажалга арга жок деген ушул экен да.

- Ооба, чынын айтсам ал жашында башка бирөөнү сүйгөн экен, ата-энесинен чыга албай аргасыз мага турмушка чыгыптыр.

- Кантип билдиң аны?

- Бул мындай болду, - Денис саамга ойлонуп калды, - Ал бир күнү кеч келди, мурда үйдөн чыкчу эмес, качан келсем тамагын даярдап күтүп турчу, келсем өзү жок, тамакты даярдап коюптур, балдарым менен бирге ичип отурсак келип калды, көздөрү ыйлагандай. "Кайда бардың?", - деди мен. "Классташ кыздар чакырыптыр, жолугушуу болот экен", - деди: "Жакшы, жолугушкан жакшы эмей", - дедим да унчукпадым. Кийин андай күндөрү көбөйүп кетти. Бир күнү мен кеч келсем күтүп отуруптур:

- Келдиңби? - деди муңая карап:

- Сенин бир жериң ооруп жүрөбү? - дедим мен ага.

- Жок, сени менен сүйлөшчү сөз бар, - деп улутуна унчукпай калды.

- Айта бер, - Мен жанына отурдум, ал көпкө айта албай кыйналды, анан тобокел кылдыбы тамагын кыра мени бир карап алып:

- Денис, мени кечир, кечире алсаң, - дегенде менин оюм башкага кетти, ал мени жазгырып жүргөндөй сезип кеттим.

- Эмнеге? - дедим ачуумду жута.

- Денис, чынында кечирим сурагыдай деле күнөө жасабадым, болгону сенден жашырганым...

- Айтсаңчы анча созбой, - деп менин чыдамым кете түштү.

- Мен сага чыга электе бир жигит менен сүйлөшүп жүргөнмүн, ата-энемдин сөзүн кыя албай сага чыктым, - деди ал көз жашын аарчып:

- Анан эмне болду, аның келип жатабы?

- Жок, келе турган болсо кана? - Көпкө буулуга ыйлады, - Кумарбек ошол бойдон үйлөнбөптүр, өзү мал докторду бүткөн, инилерин үйлөнтүп, карындашын күйөөгө берип өзү бой жүрүп акыры ооруга чалдыгыптыр, азыр өтө оорлогондо карындашынан мени издетиптир, мен бардым баягы сага калп айткан күнү, ошол калп айтканым үчүн кечирим сурайм, - Улутунуп алды, - Мага уруксат берсең анын акыркы демине чейин жанында болоюн, мен сенден ушул жылдары эч нерсе суранган эмесмин, менин бул өтүнүчүм жакпаса анда айла жок, жашырып күндө баруу мага өтө оор болду, сенин алдыңда кылмыш кылгандай болуп турам, - деди. Мен эмне дээримди билбей калдым, унчукпай ордумдан туруп кеттим, ал ыйлаган бойдон козголбоду, түнү бою ойлондум, эртеси эрте туруп ал жаткан ооруканага бардык. Керебетте сүлдөрү гана жаткан адамды көрүп жүрөгүм ооруп кетти, жанындагы тумбочканын үстүндө эски сүрөт салгыч турганын көзүм чалды. Ал адам Уялканды көрүп башын араң көтөрүп:

- Келдиңби? - деди зорго үн чыгарып.

- Келдим, абалың кандай? - деди аялым ага.

- Жакшымын, - деди жылмайгандай, түрү башкача болчу, боорум ооруп кетти.

- Жакшысыңбы тууган? - дедим мен жанына барып:

- Сиз кимсиз? - деди ал араң демигип.

- Мен Уялдын күйөөсүмүн, - дедим эле көзүн жумуп ийди.

- Демек сиз экенсиз да?

- Ооба.

- Биздин сүйүүбүз башкача эле, бактымды кестиңиз!

- Мен билсем андай болмок эмес.

- Уялды ошондо айттым, сүйгөнүм бар деп айт дедим, атасынан коркуп туруп алды... - Ал бир демге көзүн жумуп өлүктөй кумсарып жатып калды.

- Кумар, Кумар көзүңдү ач! - деп Уял аны жетип силкилдетип жиберди.

- Аа-а Уял, сенсиңби? - деди ал кайра көзүн ачып.

- Өзүңдү кара, - деген аялым мага бурулуп, - Абалын көрүп турасың го, сен ишиңе бара берсең, мен анан үйгө кетем, - деди. Мен ошондо маңдайымда өзүмдүн эмес башка аял тургандай денем муздап кетти, артыма бурулуп палатадан чыктым да оорукананын врачына кирип сурасам ал:

- Өтө өкүнүчтүү, бир-эки жума жашайт жашаса, жүрөктөн жабыр тарткан, көп ойлонгон болсо керек, аялдардан көп кездешет, бирок эркектердин жүрөк оорусунун мындай түрүн биринчи көрүшүм деди. Мен артыма бурулуп чыгып кеттим: "Неге мурунтан көрүнгөн эмес, неге медицина күчсүз, бул ооруну сакайтууга алып жетпейби", - деп ойлонуп жумушума барып дагы ойлоно бердим. Бирде аялымды жек көрүп кетем, бирде боорум ооруп: "Ушунча жыл бирге жашаган аялымдын башка бирөөнү сүйгөнүн кантип билбедим, аялым гана болуп берип менин эмне менен алек болгонумду сурабаганы, кайда болдуң деп койбогону ушунда тура, мен кимди сүйдүм, сүйүүнү билемби өзү, мен илим-билим деп жүрүп сүйүүнүн даамын татканга убактым болбоптур да, аялымды дагы сүйбөптүрмүн көрсө... Аны мен аял катары, балдарымдын энеси катары түнү жанында жатканым менен сүйүү жөнүндө бир дагы жолу ага айтып кучактап эркелетпептирмин да", - деп ойлоно берип башым ооруп чыкты. Ошол күнү спирт ичип алдым, келсем Уял жок, ал күнү да келбеди, мен издеп барбадым, үчүнчү күн өткөндө ал келди, көздөрү тоодой шишиген, көрсө Кумарбек эки күн-түнү менен кыйналып, жатып көз жумуптур. Биз ошондон кийин бир үйдө жашаганыбыз менен эки бөлөк адамдай болуп калдык, менин ага такыр көңүлүм келбей калды. Ошондон бир ай өтүп өтпөй эле ал ооруду, жүрөктөн приступ болду...

- Ошондон айыга албадыбы?

- Ооба, ал өз сүйүүсүнүн өлүмүн көтөрө албады.

- Өкүнүчтүү.

- Ооба, ошондуктан адамга эртели кеч сүйүү келээрин билдим, сага жолукканыма абдан бактылуумун Бүбүш.

- А мен сени сүйө албасамчы?

- Сүйбөсөң сүйбө, бирок мен сени сүйөмүн.

- Турмуш куруу оңой-олтоң иш эмес Денис.

- Түшүнөм.

- Азыр кыйнаба, терең ойлонуп иш кылган жакшы.

- Макул, сен эмне десең ошол, - деп Денис Айткулович унчукпай калды, - Кой, мен эми кетейин, - деп ордунан козголду, - Жүрөктү мажбурлоого адамдын колунан келбес иш, бирок ошентсе да сенден бир жакшы жооп күтөм Бүбүш, - деди да колун кыса кармап коштошуп жөнөй берди. Бүбүкан аны ичтен узатып кала берди, көп ойлонду: "Кызык, өзү илимдин доктору, килтейген илимпоз адам, башынан өткөнү өкүнөөрлүк, буга караганда карапайым адамдар татыктуу жашап өтүшөт го дейм, булар бүт өмүрүн илимге арнап коюп сүйүү деген керемет нерсенин баасын билбей өтсө керек", - деп ойлонуп отуруп кеч болуп калганын көрүп: "Сапарлар бүгүн келбейт окшойт, эртең Азада жумушуна барышы керек эмес беле, келип калышаар", - деп үйүн жыйнаштырып тамак жасап жатканда келип калышты.

- Апа, жалгызсырап калбадыңызбы? - Сапар жаркылдай келип өөп эркелей кетти.

- Келдиңерби садага?

- Сизди жалгыз эмне болду деп эрте баса бердик, - деди Азада.

- Садагаң болоюндарым десе, мен жалгыз эмне коркмок белем, эртең ишинен калабы деп сары санаа болуп отурдум эле.

- Сизди кантип жалгыз калтыралы, атамдар козу союптур, жарымын салып берди, чоң энем ооруп калыптыр, төшөктө экен.

- Жакшы киши экен, көп жашады, - деп шыпшынып койду Бүбүкан, - Мен жапжаш кезде эле оорукчан аял эле, Гүлүкан менден эки жаш кичүү болчу, жыйырма жетисинде өлдү, ошондон бери канча суулар акты, канча кыш канча жай, жаз, күз өттү агылып, ал киши дале күлүү-күчтүү экен, мен эки-үч жылда элүүгө чыгам, - деди ойлуу.

- Байкуш чоң энем кетиргиси келбейт, Алтынайды баласынын ит көйнөгүн ала кел деди, өлгөндө бетине жабат дейт го апа?

- Ооба балам, чөбөрөнүн ит көйнөгү сурактан коргойт дейт улуулар, чөбөрө көргөн адам алланын сүйгөн пендеси болот имиш, - деди Бүбүкан.

- Кызык, ошол кичинекей баланын ит көйнөгү коргойт бекен?

- Ооба садага, тигил дүйнөгө барганда бу жалган дүйнөдө жасаган күнөөлөрү үчүн жооп берет тура ар бир адам, аякта дагы жети жылдан жетимиш жылга чейин сотто кесет имиш.

- Кызык экен, аякта дагы сот болот бекен?

- Айтпа балам, кудайды таанып билүү парз, алланын алдында баардык нерсе алсыз, алладан улук эчтеке жок, жараткан да, алган берген дагы кудай, кудайдын буйругуна каршы турууга мүмкүн эмес садага.

- Анда Айдайдын эгизи соттолбосо керек? - Сапар күлө карады.

- Кой балам күлбө, ал кыз жашында өлсө күнөөсүз да, анан дагы ал зордолуптур, өзүн-өзү өлтүрүп намаз билбегени үчүн гана күнөө тартпаса...

- Эми ал Айдайга тынчтык бербей жатат го, байкуш эми Нурдинди жолотпой жатыптыр.

Ооба, алланын алдында адам ар кандай жаза алат тура, - Бүбүкан экөөнө карап башын ийкеңдетип койду, - Кой тамак ичели, бышып калгандыр.

- Тамакты убара болуп жасабай эле койсоңуз болмок, - деди Азада, - То-олтура бышык эттерди салып беришкен, - деп Азада баштыктан боорсок эттерди дасторконго коюп тамакты алып келди, үчөө отуруп тамактанып сүйлөшүп бирде күлүп отурушту. Бүбүкан Садырды, анан Денисти ойлонуп экөөнү өз тараза салмагына салды, бирге жашап ысык суукту көп жылдар бирге жашагандыктан аны аяп турду: "Калыссыз дүйнө", - деп алды өзүнчө анын тунжурай түшкөнүн байкап Сапар:

- Апа, эртең концертке барып келелиби? - деди кучактап өөп.

- Кимдин концерти экен балам?

- Жаңы, жаш ырчылардыкы го.

- Жо-ок балам, мен эпсиз секире бергендерди жактыра бербейм, айтыш же эски ырчылардын оюну болсо бармакмын, - деди Бүбүкан ойлуу.

- Ма-акул анда, андай болуп калса сөзсүз алып барам ээ?

- Мейли садага, эми эс алгыла, эртең экөөңөр тең жумушка барасыңар, - деди Бүбүкан, Азада ага орун салып берип анан өздөрүнүн бөлмөсүнө киришти, үйлөнгөндөрүнө эки айдай болсо дагы экөө бири-бирине өтө ысык болуп кетишкен, сүйлөшүп үйлөнбөсө дагы негедир башынан бирге жүргөндөй, Сапар келинчегин кучактап ысык эриндеринен өптү:

- Азада, бактылуусуңбу жаным?

- Аябай бактылуумун!

- Келгенде сүйгөнүм бар деп бакырдың эле го?

- Ошентип алдаш керек да, жөн эле жолдон ала качып кетсе...

- Кечир жаным, бирок көңүлүңө жактымбы? - Күлө карап калды.

- Мурда жаккан эмессиң, анан кийин эле-е...

- Кийин эмне болду анан?

- Жагып калдың, а сенчи?

- Мен сени көргөндө эле сүйдүм да.

- Койчу калп эле.

- Чын айтам.

- Ишенбейм.

- Мына сага ишенбесең, - деп баса жыгылып өпкүлөп кирди, - Менин сүйүүм сага гана арналаарын бил жаным, сүйөөрүмдү билсең эгер, ишенбейм деп сен айтпай жүр жа-аным!

- Болду, болду дейм Сапар жүдөп кеттим.

- Мына сага жүдөсөң эмне кылайын? - деп төшөк ичине кирип ооналактап жатышты, убакыт деген эки жашты бири-бирине көндүрүп экөөнүн тең өткөн жакшы күндөрү, балалык сүйүүлөрү көргөн жакшы түштөрүндөй гана эстегенде купуя жылмайып алып жаш болгондору менен бири-биринин көңүлүн ооруткулары келбей жашырып билгизбегенге аракет кылышат. Сапар абдан боорукер, Бүбүканды аяп, анын көңүлүн көтөргүсү келип бир күнү алтын шакек алып келип берди, ал дегеле кызыкпаптыр, Сапар аркылуу Садырды кетирбей кармап калуунун амалын ойлоп эле жаш алакетке түшүп колунда акча турса дагы алып көрбөптүр. Бир жолу Садыр туулган күнүндө бир алкагы менен сөйкө алып берген, алигиче ошону тагынып жүрөт. Эми Сапардын алып келген көздүү шакегин көрүп:

- Бактылуу бол айланайын, Азада экөөңөр бактылуу болуп кө-өп бала-чакалуу болгула, - деп батасын берип аябай кубанды.

- Апа, сизге жакса эле болду, - деди Сапар.

- Сен чын дилиңден темирден алып келсең дагы жагат садагам.

- Кантип эле темирден алып бермек элем, - Сапар күлүп калды.

- Деги айтам да, - Бүбүкан ойлуу карады, Сапар дагы ойлонуп калды: "Апам атамдын кетип калганына капа болуп жүрөт го, ал эмнеге башка аял алып алды, менин кетип калганым катуу тийген окшойт, өз балам болбосо бирөөнүн баласы болбойт экен деп кейигендир, анан өзү балалуу болгусу келгендир, апама эле жаман болду, биз жокто жалгыз калат, ойлонуп ооруп калбаса болду, - деп ойлонуп жатканда:

- Сапар, эртең атамдарга барып келбейлиби? - деди Азада.

- Эмнеге?

- Чакыртып ийиптир, апамды ала келсин дептир.

- Апа, эмне дейсиз? - деди Сапар Бүбүканга карап.

- Жөн жай эле чакырыптырбы?

- Сизди ооруп жатканда көрө албадык, келип конок болуп кетсин дешип жаткан.

- Мейли, барса барып келели балдарым, силер бар экенсиңер сый көрөм, силер анан Гүлүм, Алтынай болбосо мен кантет элем? - деп улутунуп алды, - Баса Сапаш, малды колубузга алсак кантет, мага эрмек болот беле?

- Апа, сизге оор болуп калбайбы?

- Малды караган оор болбойт балам, касиеттин баары малда болот, илгертен мал киндиктүү ата-бабабыз мал менен жан сактап келген, мал болсо пулуң да, дүнүйөң да баары болот, жайында бадага кошуп ийебиз.

- Макул анда.

- Ошент балам, быйыл короо сарайды оңдоп кой, жайында чөп түшүрүп баарын даярдап алалы да күздө алып келели.

- Апа, баарын алып келебизби?

- Жок балам, атаңдын сенин энчиңе калтырганын, - дегенде Сапар түшүнбөй карап калды...

Батма бир аз көзү ачыкка барып дем салдыргандан кийин өзүнө келе түштү. Көзү ачык аял ага: "Сен түгөйүң менен сүйлөшкүң келеби", - дегенде ал коркуп: "Кантип", - деп көзүн алайта караганда ал көзү ачык аял: "Коркпо, ал сени менен бетме-бет сүйлөшкүсү келет", - деди. Бирок Батма коркуп болбой койгонун эстеп отурду. Ал окуусун таштап өзү менен өзү болуп калган. Катя экөө эле калат үйдө, ал бара-бара көнүп тамакты жакшы жасап, үй ичин кадимкидей кылып калган. Батма өз бөлмөсүндө отуруп уктап кетти. Көзү илинээри менен ал түш көрдү, түшүндө Тинатин (Зуура) кирип жанында отуруптур: "Эмнеге мени менен сүйлөшпөдүң", - дейт ал: "Мен корктум", Мен он жети жашымда кордолгонума чыдабай өлүп алганмын, ага чейин азыраак күнөө жасаптырмын, ошол үчүн жети жылга чейин тозокто болдум, бирок тозок деп айтууга болбойт, мени окутушту, анан сенин бар экениңди билдим, анан Нурдинге сени менен жолуктурганмын", - "Кантип", "Сени көрсө ал мен экен деп ичкенин, көчөдө жүргөнүн токтотот дегенмин, а сен аны сүйүп калдың", "Эмне сүйбөш керек беле?", "Билбейм, бирок кызгандым, мага сенин апаң тоскоол болбосо Нурдинди алып кетем деп аракет кылганым кудайга дагы жакпай койду, анын биякка келээр убактысы боло элек экен", "Мени эмнеге сүйлөшөм деп чакырдың", "Бул жакта дагы жашоо бар экенин, намаз окуп сыйынаарыбызды айткым келген", "Аякта дагы намаз окуйт бекен?", "Ооба, намаз билбегендерге үйрөтөт", "Сен мени жек көрөсүңбү?", "Жок, мындан ары мен силерден кетем, жакында мени бейишке алып барат". "Ким", "Периштелер, анткени өзүмдү-өзүм өлтүргөнүм оор жаза болду, акталдым андан, мени зордогондорду кудай өзү жазалады". "Мени кечир, Нурдин менен баш кошуп алганыма", "Чынында тагдыр ошондой болмок, мени менен сүйлөшүп жүрүп сага жолугушу буйрук", "Чынбы". "Ооба, мен бул жакта жүрүп чоң ата бабаларымдан тил уктум, алар мага капа болушту, менин убактым бүттү", - деп булутка окшоп созулган арбактын элеси терезеден чыгып бара жатканда: "Зуура токто-о!", - деп кыйкырган Батма чоочуп ойгонду:

- Батма, мени чакырдыңбы? - деп Катя баш бакты.

- Муздак суу алып келиңизчи.

- Макул, - Катя кетип аздан кийин суу алып келди.

- Лимон барбы эже?

- Бар кызым.

- Болсо мага лимон кошкон чай бересизби?

- Макул, - деп кетти Катя, анын аты Кадича эле, ата-энеси койгон, түрмөдө отурганда аны Катя деп калышкан, ошол бойдон ошентип калган. Ал бул үйгө келгени оңуп эле калды, карды ток, жылуу жумшак жатакана, айлыгын ала элек, анткени келгенине ай боло элек. көп өтпөй лимон кошкон чай алып келди, - Башка керек эмеспи?

- Жок, бара бериңиз.

- Мейли, бирдеме керек болсо айтаарсың кызым, - деп Катя чыгып кетти. Батма болгон окуядан бир-эки ай өтсө дагы коркконун кое элек, бирдеменин үнү чыкса же каалга катуу ачылып же жабылып кетсе деле жүрөгү болк этип кетет. Ар он күндө врачтын көзөмөлүндө, ал өзүн үчөө-төртөө зордуктаганын эси ооп калып билбей калган эле, Нурдинге Жаныбектер дагы айткан жок. Темирбек Кубатбекович аны кылдат текшерип колунан келишинче дарылап жатты, Нурдин баягыдан кийин жанына жатат, бирок тийбейт, чоочуганы калганча аны саксактап жүргөн. Ошол күнү эрте келди ал, Батманын өз бөлмөсүнөн чыкпаганын угуп кирди:

- Жаным, акыбал кандай? - Келип бетинен өптү.

- Жакшы, - Батма күлүп койду.

- Өзүңдү жакшы эле кезип калдыңбы?

- Ооба, жакшы элемин.

- Эртең дагы дем салдырып келели ээ.

- Макул.

- Уйкуң баягыдан тынч болуп калды...

- Буйруса.

- Жаным го, кардым ачты, эмне бар болду экен?

- Билбейм, Нурдин.

- Оов, эмне айткың келди?

- Биз өз үйүбүзгө кетпейлиби.

- Сен бир аз жакшы болсоң үйдү тазалатып анан барабыз.

- Айша апамдар мага нааразы болуп калды ээ Нурдин?

- Алар сага капа болбойт, силерди төрөлгөндө бөлгөн медиктерге нааразы болуп жатышат, эгиздин бирин акчага алмашып ийгендерди каргап отурат Айша апам.

- Чын эле, эмнеге ошентишет?

- Акча да жаным.

- Анда атамдар акча бергенби?

- Албетте, бала алып жатса... Бирок атамдар бирөөнүн балдарын бөл деген эмес да, алар болгону бала болсо болду дешкен чыгаар, алар напсисин бузуп эгиз төрөгөн аял өзүн жоготуп койсо дароо анын бир кызын алып бере салышкан.

- Мен ошолорду издеп тапсам болобу?

- Эмне кыласың?

- Жазага тарттырат элем, өзүм сотко бермекмин.

- Атамды да күнөөлөшү мүмкүн анда.

- Эмнеге?

- Анткени эгиздин түгөйү дегенин билиптир, бирок элебей калышкан го.

- Эмне үчүн багып алгандар дагы күнөөлүүбү?

- Албетте, акча бергени да ачыкка чыгат да.

- Анда тим коюум керек экен да.

- Көп ойлоно бербечи жаным, жүрү Катя эженин тамагы даяр болсо карын тойгузалы, - деп Батманы колтуктап тургузуп тамак иче турган бөлмөгө бара жатканда Жаныбек келип калды.

- Кандай кызым, акыбал жакшыбы?

- Эң сонун, - деп күлүп атасына жаркылдай карады Батма.

- Кудайга шүгүр, - деп жуунчу бөлмөгө кирип жуунуп кайра чыкты, Катя үстөл үстүнө тамактарын алып келип койду, - Катя, бизге вино болсо алып келчи, кызымдын бүгүн көңүлдүү болуп турганына кубанып турам, күйөө балам экөөбүз бир аз ичели.

- Жарайт, - Катя ашканага кирип вино менен үч вокал алып келди.

- Ата, арак винолорду ичкен күнөө болот экен, - деди Батма.

- Айта берет кызым, бир аз нервтин чарчаганын басат.

- Өзүңүз билиңиз ата, бирок чын айтам.

- Ким айтып жүрөт сага, көзү ачык аялбы?

- Жок, - Батма айтсамбы, айтпасамбы деп ойлонуп туруп, - Өлгөндөр дагы тигил жакта тозокко түшүп анан тазаланып чыгышат экен, - деди.

- Эми ал жакка барып келген киши жок кызым, андай болсо кудай кечирсин, мен абдан кыйналдым, - деди Жаныбек ойлуу.

- Апам өз күнөөсү үчүн тозокко түшүптүр!

- Ким айтты? - Жаныбек жалт карады.

- Өзү.

- Кантип?

- Ал бирөөдөн өч алуу үчүн суранып чыгыптыр, анан өчүн алган го...

- Кимден? - Таңгала карады.

- Зыйнаттан...

- Ал эмне болуптур?

- Билбейм, өзү айтты эми угабыз да, - деп унчукпай калды, Жаныбек бир азга ойлонуп отуруп анан:

- Эчтеке эмес кызым, туулгандан өлгөнчө кандай күнөө кылганыбыз кудайга гана белгилүү, өзүбүз билбейбиз, кел Нурдин куя бер! - деди Жаныбек, бирок ал ойлонуп калды. Батма андан кийин унчуккан жок, Жаныбек абдан ойлонду, күйөө баласы экөө бир аз ичип тамактанган соң өз бөлмөсүнө кирип жатып калды. Нурдин өз бөлмөсүнө киргенден кийин:

- Батма, сен көзү ачык болуп бара жаткан жоксуңбу? - деди күлүп.

- Эмнеге андай дедиң?

- Сен апам жөнүндө айттың го.

- Түшүмө кирди Нурдин.

- Качан?

- Эки-үч күн мурун, мен түш көрүп жатыптырмын, апам ар дайым кийип жүрчү халаты менен экен, үйгө кирип келгенде мен аны кучактап калайын деп бара жатып жетпейм: "Айдай, сен мага жакындаба кызым", - деди: "Эмнеге апа, мен сени сагындым", - десем: "Кызым мен өлгөнгө чейин көп күнөө кылган экенмин, анан өзүмдү өлтүргөнүм үчүн дагы кошулуп жети жылга тозокко бара турган болгонмун, анан бул жакта дагы калыстык бар, мага кастык жасаган адамдан өч алуума уруксат берди. Ошондуктан сага жолуга кетейин дедим, сенин эгизиң экөөбүз азыр каршылашып калдык, менин күнөөм экөөңдү ажыратканым болду, муну калыстап көрүп менин сени өз баламдай ардактап бакканымды эске алышты, менин өлүшүмө себеп болгон аял Зыйнат экен, мен андан өч алдым кызым", - деп көздөн кайым болду, - Батма ойлуу карады.

- Ичкилик жөнүндө кимден уктуң?

- Аны Зуура айтты, - деп көргөн түшүн айтып берди.

- Кызык, анда бул дүйнөгө сыноого келгенибиз чын экен да.

- Ооба, аалам жети кабаттан турат экен, жетинчи кабатында алла таала турат экен, алтынчы кабатта алла тааланын периштелери, анан бейиш ушундай болуп кете берет экен, эң алдыңкы кабатта тозоктогулар турат экен...

- Ой тобоо, буга ишенсе болобу же болбойбу ким билет, муну аныктаган ким бар?

- Күнөөгө батпа Нурдин.

- Ошол арбактар аркылуу адамдарга жетсин деп жатат да.

- Балким ошондойдур, бирок чынымды айтсам ишенүү кыйын.

- Койчу Нурдин, күнөөгө батпа дедим го?

- Болду жаным, сүйлөбөйм эми, сен арбактардан аян алчу болдуң, - Күлүп кучактап өөп отургузду, - Ден-соолугуң жакшы болуп кетсе эле болду.

- Эми жакшымын Нурдин, баары ошол арбактардын касиеттүү күчүнөн болду деп ойлойм, алар мага жол көрсөтүп жатышат, жакында намазга жыгылам, менин айланамдагылардын баары ичкиликтен алыс болуш керек, силер ичсеңер анда мен кыйналам, арбактар кошо кыйналат экен Нурдин.

- Чын элеби, андай болсо сен үчүн баарын таштаганга даярмын жаным.

- Айтканыңа тур, - деп койду Батма, - Билесиңби Тинатин өзүн эмнеге өлтүргөнүн?

- Жакшы түшүнбөй калганмын, ошол учурда катын окуп аны аман алып калууга жүгүрүп катты түшүрүп алыпмын, кыскасы зордолгонун түшүнгөнмүн.

- Ошол, алар жазасын алган экен, жазаны кудай өзү бериптир.

- Кызык, ошондой болуптурбу?

- Ооба, алар авариядан өлүптүр.

- Туура болуптур, алар зордуктабаганда өлмөк эмес.

- Жо-ок, баары бир жашоосу ошого чектелген экен, себеби ошол болуптур.

- Андай болсо неге бирин зордотуп кайра аларды жазалайт? - Нурдин түшүнбөй өз оюндагысын айтты.

- Ал башкадан өлмөк экен.

- Демек акыры өлмөк экен да?

- Ооба, сыноого жаралган адамдардын жашоосу төрөлгөндө эле маңдайына жазып коем экен.

- Андайды угуп жүрөм.

- Уксаң ошол, анда уктайлы.

- Жакшы жат алтыным, - Нурдин аны кучактап жатып алды:

- Нурдин.

- Оов.

- Сени мага атайын Тинатин жолуктуруптур.

- Эмне?!

- Ооба, сенин бузулуп кетип бара жатканыңда өзү тирүү адамдардай сага колдоо көрсөтө албай мени сага кезиктиргенге себеп болуптур, бирок мени сени сүйүп калаарымды билбей кийин кызганып балабызды тартып алганы ошол экен, ал үчүн ата арбактардын жазасына кириптер болуп бизди кечирди.

- Ой тобо-о, арбак кызганат бекен?

- Кызганганда кандай, алар зыян да кылып коюшу мүмкүн экен да.

- Дегеле түшүнсөм кудай бар, түш көрүп жаткандаймын.

- Түшкө ишенесиңби?

- Ишенбейм, анткени өзүм эч түш көрбөйм.

- Түш көрбөй тынч уктаган кандай сонун, - Батма улутунуп ары карап кетти, Нурдин дагы унчукпай ойлонуп калды. Жаныбек жатып алып ойлонуп жатты, ал кызынын айткандарына ишенип-ишенбей аялынын ар бир өзүнө жасаган мамилесин Зыйнаттын мамилесине салыштырып отуруп: "Демек Зыйнаттан өч алдым дегени балабызды алды, ал бечара менден үмүт үзгөндө башка жол менен акча өндүргүсү келген окшойт, деги ага анча деле көңүлүм жок болчу, бала үчүн үйлөндүм эле, өзүнө-өзү кылды, балабыз аман болгондо балким дагы кечирмекмин", - деп ойлонуп Нурайды көз алдына келтирип алды. Анын ар бир көз карашы иймениңки, кийими кадимки кыздардай ыймандуу, төшү ачык кийбегени анын көңүлүн бурду, буруп эле эмес жүрөгүнө жакын адам катары сезди. Сүйлөгөндө турмуш көрө элек кыздардай кызарып өзүн адептүү кармаганы ага көргөндө эле жаккан, мүнөзү жумшак мээримдүү көздөрүнө арбалып калгандай болду, ооба аны сүйүп калганын анык сезип: "Айдар эмне деп ойлойт, атам үйгө кызматчы болуп келген аялдан башканы таппай калганбы дейт го, үйлөнбөй дагы кое албайм, элүү бешке эми чыктым, али жашоодон үмүт чоң, Нурай уул төрөп берсе бактылуу болуп кетебиз, мен муну Айдар менен эркекче сүйлөшүп чечишим керек", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртең менен эрте шашылып чыгып дароо эле Нурайдын батирине келди, көптөн бери өзү менен өзү болуп жүрүп жумуштан көрүшүп учурашып коюп чыгып кетчү болгон эле. Биринчи айлыгында сегиз миң берип кийин он миңге көтөргөн, анткени нары жагында бар неме бат эле документация ишин өздөштүрүп компьютер менен иштей баштаган. Жаныбек келгенде Нурай туруп жуунуп жаткан:

- Оой сизби? - деди ал көрүп эле.

- Даярсыңбы ала кетейин.

- Жаңы эле турганмын.

- Кеттик.

- Азыр, - Нурай өзү дагы анын келгенине кубанып кеткен эле, экөө жол боюнан кафеге токтоп тамактанышты, - Сизди убара кылдым окшойт, - деди тартына.

- Жо-ок, андай эмес, мен сенин айтканыңды аткара албай жаттым, эми буйруса киришебиз.

- Аа-а жок, өз ишиңиз толуп жатса...

- Бүттү, баары жакшы, кызымдын дагы акыбалы жакшы болуп келе жатат.

- Ошондой эле болсун.

- Эртең сенин айылыңа барып келелиби?

- Макул.

- Үйүңдү көрүп керектүүңдү алып келип ал ээ?

- Макул, убара кылып коембу деп эле...

- Эч тартынба Нурай, сага бир шарты бар батир жалдайлы ээ?

- Кымбат да, мага оор болуп калат.

- Ойлонуп көрөбүз, балким сатып алабыз.

- Байкап көрөлү, агам малдын башын берсе, үйдү сатсам.

- Сатканы жатасыңбы?

- Сатпаганда ал үйгө эми эч ким барбайт да, уул бала калбады, иним, апам, атам менен чогуу кетти, өмүрү кыска экен, жок дегенде ал аман калганда өмүрүмдү коротсом дагы аны чоңойтконго жумшамакмын, - Жашка муунуп кашыгын кармалап отуруп калды.

- Нурай, - Жаныбек анын колунан кармады, - Сенин муңайганыңды көргүм келбейт, сага күлүп гана турган жарашат, менин колумдан келсе сенин жүрөгүңдөгү кайгы-муңду алып салсам го, - деп аны карап калды.

- Кандай мээримдүү жансыз, сиздин жаныңызда өзүмдү канчалык жакшы сезем, тартынып турсам дагы сизди жакын адамымдай сезчү болдум, - Нурай колун тартпай бир колу менен көз жашын аарчыды, - Сиз жакшы адамсыз...

- Менин жардамым сага тийсе мен өзүмдү бактылуу сезмекмин.

- Мындан өткөн жакшылык болобу Жаныбек байке, сиз мага көп жакшылык кылдыңыз, мындай мээримди атамдын жатындагы дагы жасаган эмес.

- Бул эчтеке эмес, колумдан келгенин бүт жасоого аракет кылам, тек муңайба Нурай, эмесе жумушка баралы, - деп орундарынан турду, алар офиске келгенде Айдар күтүп турган.

- Кечиктиңиз го? - деп Нурайды бир карап койду, - Нурдин үйдө беле, ал дагы жок.

- Ал Батма экөө бир жакка барабыз дегендей болду эле, - деп кабинетин ачты, - Эмне иш менен келдиң эле?

- Ата, бизге дагы бир фирма келишимге кол коймок болду, бүгүн келишет.

- Азамат уулум, сен жакшы иштеп жатасың.

- Фирма кеңейип фабрикага айланса миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылсак ишибиз алдыга жылат ата, анан чет элдиктер менен дагы келишимге келсек баары ойдогудай болот, - деди Айдар, - Тигүү иштерин жөнгө салып алдык, эми буйруса иш жакшы.

- Тилегиңе жет уулум, мындан ары өзүң ээсиң ушунун баарына, мен улгайып бара жатам, тынч гана өмүр сүрүүм кажет, бара гой, келсе тозуп алабыз, даярдана бер, - деди Жаныбек...

Нурай кубанып жатты, он жылдан бери бара элек айылына барып ата-энесинин баскан турган жерин көрүп, буюмдарын колуна алып сиңдиси экөө жаңы турмушту баштаса кандай жакшы. Кечке маал Жаныбек шериктештер менен бирге болуп жанында Нурай жүрдү, алар келишимге кол коюшуп сүйлөшкөн соң аларды узатып анан Жаныбек Нурайды жанына отургузуп алып батирге келе жатып Асекке арнап оюнчук, балмуздак менен конфет, шоколаддарды алып анан келе жатканда Нурай:

- Бекер кылдыңыз, анчанын кереги жок болчу, - деди кысына.

- Нурай, алар бала, жакшы сөзгө, жакшы нерсеге муктаж, баланын сезими таза болот, азыр көрөсүң алардын кандай кубанганын.

- Ошентсе дагы...

- Кой антпе, Гүлү менен Асекти меникине алып барып коелу, антпесе кечигип калсак коркушат, балким барган күнү эле баары бүтө койбойт, күтүүгө туура келет, - деди Жаныбек Нурайга карап, ал унчукпай калды, ал ушул кезде негедир эң жакын, таяна турган адамы бар сыяктуу Жаныбектин ийинине жөлөнүп алганын өзү да сезбей калды: "Кандай бактылуумун, менин сиздей адамым бар, ата-энебиз өлгөнү эч кимден жылуу сөз укпадык, балдар үйүнө барганда тарбиячы гана баардык балдар сыяктуу жылуу-жумшак сүйлөбөсө күйөөгө тийип алты ай жашап кайненемден жакшы сөз укпадык, дүнүйөдө мээримдүү адамдар дагы бар тура, бул адам мага периште болуп жолукту, эмне десе да даярмын", - деп ойлонуп:

- Сиздей мээримдүү жан бар экенине ишенген эмесмин, тилегиңизге жетиңизчи, менин колумдан келээри ушул гана сөз, - деди акырын сүйлөп, анын көз жашы куюлуп турган.

- Нурай, келип калдык, - деди Жаныбек анын колунан кармап, - Жүрү балдарды кубанталы, - деп анын көз жашын көрүп чөнтөгүнөн жүз аарчы алып чыгып аарчыды, - Сабырлуу бол Нурай, дүйнөдө бактысыздар, бактылуулар тең салмактуу, жакшы-жаман деп адамды бөлүүгө мүмкүн эмес, сен эстүү жансың, ыйлаганыңды алар билсе эмне деп ойлошот? - деп боруна кысып көпкө турду.

- Сизге ыраазымын Жаныбек байке.

- Эчтеке эмес, кана жүрү, - Жаныбек аны өзү түшүп барып отурган жеринен көтөрүп түшүрдү, - Кана кирдикпи?

- Кирдик, - Нурай ага түнкү айдын бүлбүл жарыгында күлүмсүрөй карады, - Мени кечириңизчи.

- Кечире албайм, сен ыйлаак экенсиң, - деди да жетелеп бир колуна пакетти алып жөнөдү, эшикти ачканда эле Асек жүгүрүп жетти:

- Ап-па-а! - Нурайды кучактап калды.

- Асек, кел учурашалы, - деп Жаныбек жылмая карады.

- Чалам! - деп колун сунду Асек.

- Азамат десе, сен чоңоюп калган турбайсыңбы, - деп Жаныбек Гүлүгө карады, - Кана Гүлү, ал акыбал кандай?

- Жакшы-ы, - Гүлү уяла жер карады.

- Мен силерге эмне алып келдим, карагылачы, - деп пакетти Асекке берди.

- Чиз алып бейдиңишпи? - деп Асек ага карап сурады.

- Ооба, силерге алып келдим, жагабы Асек? - Асек кубана оюнчукту бир алып, балмуздак менен шоколадды кармалап кайсынысын алаарын билбей алек болуп жатканда Гүлү уялап турганда Нурай:

- Асек, белектерди алганда эмне деш керек эле? - деди жылмая.

- Ыйакма-ат байке.

- Ой азамат десе, Асек акылдуу жигит тура, - деп коюп Жаныбек артына бурулду, - Эмесе мен кетейин Нурай, жакшы жаткыла, эртең менен келип алып кетем.

- Макул, жакшы эс алыңыз, - деп Нурай коштошуп кала берди.

- Эже, Жаныбек байке жакшы экен ээ? - деди Гүлү.

- Ооба алтыным, кардыңар токпу?

- Биздики ток, сизге чай кайнатайынбы?

- Кардым ток, жатып эс алалы, Гүлү эртең мен айылга барып буюм-тайымды алып келем, силер Жаныбек байкенин үйүнө бир-эки күн туруп турасыңар, Асекти жакшы кара.

- Макул, акемдер уюбузду береби эже?

- Сот менен болсо дагы алам.

- Берсе үй алып алат элек ээ?

- Буйруса, үйдү сатыкка коюп келем, - деп Нурай унчукпай жатып калды, ал көпкө ойлонду, бул турмушта ак менен караны ажыратып калган келин Жаныбектин өзүнө жасаган мамилесинен бир нерсени сезгендей: "Мага мындан артык адам кайдан жолугат эле, мейли улуу болсо боло берсин, ага жаксам каршы болбойм, андан көрө ал мени жактырабы, балким боору ооругандан ошентип жаткандыр, терс көрүнүштө оюу жоктой, андай болсо эмдигиче төшөккө сүйрөмөк, жаман адаты жок адам, демек мен каалаган адам турат алдымда, аракет кылуум керек, бактымды колумда турганда качырып албашым керек", - деп ойлонуп жатты. Эртеси эрте келип Гүлү менен Асек, Нурай үчөөнү салып алып үйүнө алып келди да Батма менен Катяга дайындады:

- Бу сулуу кыз менен Асек деген жигит бул жерде болот, жакшы карап кардын тойгузп тургула, - деди Жаныбек.

- Апам качан келет? - деди Асек.

- Келет жигитим келет, силер бизди күткүлө, - деди. Гүлү быйыл он беште, бой жете баштаган, ал Батмага жагып калды, үчөө анын бөлмөсүндө көпкө отурушуп анан түшкү тамакка чыгышты. Жаныбек Нурайды салып алып анан айылына түшкө жакын келип Эмилбектин үйүнүн тушуна токтогондо Эмилбек чыга калды, ал Нурайды көрүп:

- Кел Нурай, кел садага болоюн, - деп кучак жайды, Нурай салкын учурашып:

- Мен биздин малга келдим, - деди.

- Кайсы мал? - Эмилбек каштарын жыйрый карады.

- Атамдардан калган эки уй менен он койдун башын бериңиз, мен азыр үйгө барып бошотуп аны сатып кетем! - деп кайра унаага отурмак болгондо:

- Үйдө сенин акың жок, ал менин агамдын үйү, киши бар, - деди ачуулу.

- Сиздин бир тууганыңыз болсо менин атам!

- Кыз баланын акысы жок болот, уулу болсо бермекмин.

- Сиз, - Жаныбек унаадан түштү, - Неге сиз андай дейсиз, булардын толук акысы бар, - деп ага жакын келди, - Мындай болбойт, эгерде мыйзамды билбесеңиз сотто түшүндүрүп берет.

- Эй сен кимсиң өзү, бир туугандардын ишине кийлигишкендей кандай акың бар?

- Мен Нурайдын күйөөсүмүн!

- Күйөөсүмүн? - Эмилбек саал ойлоно калып, - Сен күйөөсү болсоң эмне экен, эчтекең жок итке минген кедейсиңби, Нурайды тукуруп атайы алып келдиңби? - деди жини келип сөгүнүп да жиберди.

- Мен анын укугун коргоймун! - деп унаасын айдап жөнөдү, Нурай ыйлап отуруп анын эмне дегенин деле баамдабай калды, - Кайда барабыз?

- Үйгө, - деген Нурай беш-алты үй арыраак барганда токтотту, - Келип калдык, - деди да токтоору менен түшүп дарбазага жетип ачып кирип бара жатканда тамдан бир келин чыгып аны көздөй басты, артынан Эмилбек менен аялы жулкунуп жетип келди.

- Ай сен кимсиң ыя, канча жыл тентип кетип эми келип үй талашкыдай? - деп Салкын к5ыйкырып келгенде иш туура эмес жагына оогонун байкаган Жаныбек Нурайга келип:

- Бул жерден эч нерсе чечилбейт, райондук сотко кайрылалы, - деди акырын, Нурай башын ийкеп үйдөн чыккан келинге кайрылды.

- Сиз кимсиз?

- Мен үй ээсимин.

- Андан сураба, менден сура, бул үйдө акың жок! - деп Салкын алкынып жетип келди.

- Сизден сурагыдай кимсиз, бул үй менин үйүм! - деп Нурай ага катуу айтты эле тигил келин таңгалгандай Салкынды токтотту:

- Кое туруңузчу, бул кандайча сиздики? - деди Нурайга.

- Менин атамдын үйү, үйдүн документин мен катып жүрөм, - деп сумкасынан эскирип саргайып кеткен кагаздарды алып жатканда Салкын келип тытып ийе жаздады эле:

- Сиз кандай ажаан аялсыз, бул документти тытсаңыз жооп бересиз, - деди Жаныбек.

- Эже, сиз кое туруңузчу, мен бул кыз менен сүйлөшүп алайын, - деди тигил келин, аны Салкын сүйлөштүрө койбой ажылдап жатканда коңшулары бүт чогулуп келип калышты, Эмилбек уялдыбы же он жыл мурунку окуя эсине түштүбү Салкынды ары тартып кетти.

- Айта бер, бул үйдө убактылуу турасыңарбы? - деди Нурай.

- Жо-ок, биз тигил эжелерден эки жыл мурун сатып алганбыз.

- Кана документиңер?

- Өздөрү бүтүрүп беребиз дешкен.

- Эмесе канчага сатып алдыңар эле.

- Эки жылкы, бир уй бергенбиз баалап эле.

- Эмесе соттошууга туура келет, бул үйдүн документи менде, силерди чык дебейин, мен бул үйдү ансыз дагы сатам, - деди Нурай, - Силер өзүңөр сүйлөшүп аласыңар.

- Кантип, биз күйүп кетебизби?

- Аны мен билбейм, мен бул үйдүн ээсинин кызымын, сатып кетем, - деди да коңшулары менен учурашып жатты, алар аны көрүп кубангандарын айтып:

- Ой биз айтканбыз, Эмилбектин эси жок турбайбы, ушу бир тууганынын баласысыңар го, өгөй ата деле мындай болбойт.

- Биздин ата-энебиз өлгөндө калган малды алардын алып кеткенин көрдүңүздөр эле, мен арыз жазам кол коюп бересиздерби? - деди эле.

- Ошондо мен үйдө жок элем, - деп бири ары жылды.

- Бизде малдын барын билчүсүз да.

- Ооба бирок...

- Мен дагы алып кеткенде жок болчумун, - дешип үчөө-төртөө ары басып кеткенде Нурайдын шагы сына түштү, ошондо маңдайкы коңшусу менен үчөө келип ага көңүлүн көтөрө колдоорун айтышты:

- Капырай, ушундайды биринчи көрдүк, Замирбек байкуш кандай сонун жигит эле, күбө болуп беребиз эле.

- Анан эмне ушу кыздардын көз жашын көрүп кантип эстебейбиз, арбагы ыраазы болгулагыр Замирбек деле, Айсалкын деле жакшы адам болчу, даамын далай татканбыз, - дешип Нурайдын көңүлүн көтөрүп коюшту. Эмилбек аларга жакын келе албай аялы экөө кужулдашып жатты, Нурай арыз жазып аларга кол койдурду дагы участковыйга барды, Жаныбек ал жерден шаардагы адвокат досуна телефон чалды, аны менен сүйлөшүп арыздарды тиркетип дароо райондон киши чакырышты, ошентип эки күн күтүп калышты, акыры үйдүн да малынын да башын ачып сотко кетмек болгондо Эмилбек ага эки уйду музоосу менен беш-алты жандык менен берди, үйдү бошотуп бер дегенде үйдү сатып алган Рахат деген жигит Эмилбек менен өзү чечишип алмак болуп үйдү өзү алмак болуп атасынан эки жылкы бир уйду ага кошуп дагы бир бодону айдап келип берди. Эртеси жекшемби болгондуктан райондун базарына төрт уй бир бир жылкыны сатып, калганын жакын коңшусунун үйүнө таштап кете беришти. Кубанган Нурай ата-энесинен калган буюмдарын алып жарабагандарын өрттөп кете берди. Жаныбек эки-үч күндөн кийин калган малын алып кетип дачасына жеткирди да Нурайга үй караштырып шарты бар кабат үйдөн үч бөлмөлүүсүн алды да көчүрүп келип койду. Өздөрүнчө жашап оңуп эле калышты. Ишинде иштеп кечинде өз үйүнө келип жатып калат, уулу кенен кесир ойноп, Гүлү өзүнчө бөлмөдө жатып кубанып жатты. Жаныбек өзүнчө абдан ойлонуп: "Неге өз бир тууганын сыйлабайт, кантип ушуларга кара санап сатып ийди, тиги дүйнөдөн коркпойбу булар, мындай карындаштарым болсо кандай сыйлап алат элем, Нурайдын көкүрөгүнөн кеткис кылган экен да, аялы болсо ажаан аял тура", - деп кыжаалат боло берди. Ал кийинки кездери аны өзү жеткирип кайра алып кетип, ар бир келгенде Асекке оюнчук алып келип берип, Гүлүгө косметика менен атыр белек кылып кээде отуруп кетет. Нурайдан жарым карыш бөлүнгүсү келбей калган, ал дагы аны күтүп калат, бирок зымпыя сыр билгизбейт, ан сайын Жаныбек ага өмөчөктөп түшө калып турат, анын көңүлүн алгысы келет.

- Нурай, - деди бир күнү, Нурай үнсүз жалт карады, - Малыңды эмне кыласың, же сатып керек кыласыңбы?

- Сизге оор болуп калат го, сатып мебел алайын деп жатам.

- Мага оор болбойт, тура берсин десең мал менен тура берсин.

- Анда тура турсун, келээрки жылы эптеп баккыч табаармын.

- Ой кокуй десе, көп мал менен бир-экөөнүн жегени кайсы, баары бир эмеспи.

- Туруп турсун, жакында атамдарга куран окутайын деп жатам.

- Ошонуң жакшы, - деп Жаныбек аны карап тура берди, ал же ички оюн айта албай же келбей кое албай орто жолдо кыйналып келет. Нурайдын ар бир кыймылы көрктүү да азап көрүнөт. Басса турса көз алдынан элеси, шыңгыр күлкүсү кулагынан кетпей тынчы кетип жүрө берди. Бир күнү ЦУМдун өткөөлүндө бара жатып Зыйнатты көрүп калды, ал ошол жердеги сатуучулардын алдын тазалап мусурун төгүп иштеп жүргөн эле. Негедир Жаныбекти өтүп бара жатканда көрүп калып жүгүрүп алдына өтүп:

- Жаке, мен иним үчүн кечирим сурайм, - деди.

- Сен кимсиң? - деп Жаныбек ага кайрадан илээшкиси келбей тааныбаган адамдай карады, - Мен сени тааныбайт экенмин.

- Мен жай жүргөн бечарамын, - деп Зыйнат шагы сына туруп калганда Жаныбек бурулуп келип анын колуна миң сом карматты:

- Адам ач көздүктөн табаарын биле жүрүшү керек, мага деген жаман оюң өзүңө гана урулган таш болду, арам тамак аш болбойт деген ушул, - деп басып кетти, Зыйнат ага эч нерсе дей албай кала берди. Жаныбек бурулбай кетип жатты. Нурай аны кадимки эле өз кишисиндей күтө баштады, ал келбей кечигип калса тынчы кетип эшиктин коңгуроосу чыр эткенин күтө берет. Неге анткенин өзү дагы билбейт. Дал ушул кезде Эмилбек менен аялы өздөрүнчө жини келип эшикке элдин нааласынан чыга албай калган эле.

- Сенин жаманыңдан агамдын балдарына жаман көрүндүм, - деп Эмилбек аялына түс үйрүп эки күндүн биринде уруш чыгарчу болду.

- Ошолор үчүн мени күнөөлөйсүңбү?

- Үйүн сат деген сенсиң да.

- Сатпай койбойт белең, өлөт алгырлар жөн эле атасынан калган малды талашканын кантесиң, атасындай немеге тийип алганын карабайсыңбы.

- Тийсе тиет да, эч кимиси болбосо, - деп үңкүйдү.

- Өлүп кетпейби, ата-энесин жутуп ал дептирби.

- Ой сен өлсөң эле бирөөлөр балдарыңа ушинтип айтса жакшы көрөсүңбү?

- Мен өлгүчө балдарым чоңоюп өз-өзүнчө болуп калат.

- Сенин айыңдан туугандардын баарынан чыктым, - деп кейип отурганда Мусабек деген агалары келип калды, Нурай келгенде ал жок эле, - Кел-кел аке, - Эмилбек тура калды.

- Келдим, - Сакалын сылай орун алган Мусабек Эмилбекке карады, - Сени кудай урдубу?

- Аке, эмне болду?

- Элдин эмне деп жатканын укпайсыңбы, кантип басып жүрөсүң ыя?

- Эми-и.

- Замирбек сенин эмчек талашып эмген бир тууганың, атаңар бир, сенден ушуну ким күттү ыя, аргасы жок өлгөн немелердин арбагын кантип аттадың ыя?

- Өздөрү тилдүү да аке.

- Мурда дагы тоодо болуп калдым, эми күйөөгө тийиптир, төркүнү сен болсоң ал бечара өмүр бою басынып жүрүп өтөт да.

- Эмне кылайын, өз кыял жоругунан көрсүн, атаман калган деп эле мал талашат.

- Талашат да, заман бул болуп турса ага дагы керек, сиңдиси дагы чоңойду, Сейил экөөбүз дагы аны жер каратпай барып коелу, - деди Мусабек.

- Кантип барабыз, эми мени көргүсү да келбейт го?

- Төркүндөн айлансын, - деп Салкын айтканда:

- Эк кокуйгүн десе, бир катын көлгө бир катын чөлгө деген ушул да, элдин айтканынча бар тура, Эмилбек сен бул жашоодо ажаан аял менен арманда эле жашап келе жаткан турбайсыңбы, - деп этегин кага туруп кетти Мусабек.

- Жакшы катын алып бергиле!

- Болду! - деди Эмилбек ага, - Уят эмеспи.

- Уят болсо кайнага кадыры менен жүрсүн!

- Балам ай-яа, акылың артыңда калган аял экенсиң да, - деп Мусабек артын карабай басып кетти.

- Дегеле төркүн боло калганын, ошондо кыздарын алып бакканын көрөт элем, - деп Салкын тыбыраңдаганда Эмилбек аны чаап жибермек болуп колун көтөрүп калды эле ал бакырып колун башына калкалай калды эле сырттан он жетиге чыгып калган баласы кирип келди.

- Апа эмне эле болуп жатасыз?

- Мен эмне кылып жатам, атаң мени урганы жатканын көрбөйсүңбү? - деп бакырды.

- Ата, сиз да жөн болуңузчу, апамды көрбөй жүрдүңүз беле? - деди Айбек капа болуп, - Чыдап келе жатасыз биротоло чыдаңыз да.

- Мен силерге жырткыч болуп калдымбы?

- Апа, сизге чыдаган атама рахмат! - деп коюп Айбек кайра чыгып кетти.

- Баары эле мени күнөөлөшөт өлүгүңдү көрөйүн десе, мен болбосом көтүңөр ачылмак, - деп Салкын өзүнчө жинденип жатты, ал бир буулугуп алса такыр токтобой сүйлөнө берчү.

- Жаагыңды басасыңбы же жокпу? - деди Эмилбек ачуусу келгенинен өңү түктөйө.

- Эмне өлтүрөсүңбү? - Күйөөсүн чакчая карады.

- Өлтүрөм!

- Кел өлтүр, өлтүрбөйсүңбү! - деп кыйкырганда Эмилбек аны жакадан алып муунтуп кирди, - Адегенде үйдүн карызынан кутулуп ал, Рахат күндө эшик жыртып жатат го!

- Сени өлтүрүп анан кутуламын баарынан! - деп катуулата кармап муунта баштаганда эки баласы бакырып ийишти, ызы-чуудан Айбек кайра кирди:

- Болбодубу эми, апамды эми көрүп жаттыңыз беле?

- Тажадым ушундан, өлтүрүп коюп түрмөсүнө барса барайынчы, - Калчылдаган Эмилбек карышкан колун зорго чыгарды. Анан жиндене сөгүнүп чыгып кетип короодо багып жаткан бир жылкысын, кунажынын алып айдап Рахатка барып киргизип берди, бир жылкыны кыштоодогу малы келгенде бермек болуп сүйлөштү, малы кудайга шүгүр эле, ага карабай Салкын ага жанын койбой жатып саттырып бир жылкынын пулуна өзү кийинип, алтын жасалгаларды алып алган эле: "Ой, бул үйдү кыздары келип сураса эмне дейсиңер", - дегендерге: "Уул баласы болсо бир жөн, кыздары кайдан келмек эле, келгенде деле алардын акысы жок, чыккан кыз чийден тышкары дейт эмеспи", - деп кайкалап койгон болчу. Бир тобу наала кылып: "Мындай бир туугандар көрө барынан жогу", - деп жерге түкүрүшкөн. Кээси Эмилбекти жакташып: "Эмилбек жакшы неме, аялынан чыга албайт байкуш", - дешсе: "Аялдын тилин алган акмак да, жакшы аялдын айтканы жөндүү болсо анда ага баш ийсе болот, жаман аялдын теңи тура", - деп ар кимиси ар кайсыны айтып тим болушкан. Айрыкча балдар үйүнө алып кеткенде. Эми ого бетер дуулдап жатышты. Эки баласы үйлөнүп өзүнчө турушат, келиндерин батырбай койгондо Эмилбек там салдырып берип бөлүп койгон. Колунда Айбеги менен он бештеги кызы менен он экидеги уулу үчөө бар. Эмилбек катуу ойлонду да шаарда жашаган Тейит деген классташынын дарегин ата-энесинен сурап алып кетип калды. Ал Нурайдын дарегин, кайда жашаарын билмек, чындап эле турмушка чыктыбы же жөн эле малын өндүрүү үчүн алып келдиби деген ойдо болуп калган. Тейит ошол учурда базарда соода кылчу, заңгыраган үйү бар, аялы экөө контейнерде соода кылып тапканы дурус, Эмилбек аларды айылга келген сайын коноктоп сыйлап калчу. Ал кечке маал такси менен келип үйүн такылдатканда чыга калган Элнура:

- Оой кел Эмилбек, адашып кайдан? - деди жадырай күлүп.

- Келдим да, доско жолугайын деп, бала-чака тынч жатабы?

- Келгениң жакшы, досуң үйдө жатат чалкалап.

- Азамат, - деп кирип келе жатканда Тейит алдынан тосуп алды.

- Кел досум, адашып келип калыпсың да, - Экөө кучакташа учурашты.

- Сени бир көргүм келди да, - Эмилбек күлүп жаңсаган жерге отурду, - Кандай анан бала-чака чоңоюп жатабы?

- Чоңойду, экөө тең үйлөнгөн, Россияга кетип калышты, биз Элнура экөөбүз өз иштерибиз менен алекпиз, эки небере уктап жатат, бирден балдарын алып келип берип кеткен, - деп Тейит бакылдап жатканда Элнура тамак-ашын даярдай коюп аларды чакырды.

- Келгиле, тамак даяр, кенен кесири анан сүйлөшөсүңөр, - деп Элнура үстөл үстүнө баарын жайнатып койкойгон ичимдик менен суусундуктарды коюп коюптур, - Шаарга бир келипсиң аяш, жакшылап эс алып кет. Ушул учурда Эмилбек өз аялын эстеди, бир жолу үйгө булар барганда Эмилбек ага: "Классташым Тейит шаардан келиптир, коноктоп коелу", десе: "Азыр бирөөгө чачыла турган заманбы, тим эле министр болсо да", - деп зорго макул болуп дасторконго эптеп эле койгон. Айылда малдуу киши сары май, сүт сүзмө менен этин коюп коноктойт эмеспи, ошондо чучугун салалы десе болбой койгон: "Жарты токоч ала келбегенин көрдүңбү, ал сени киши деп ойлобойт", - деп кулагынын кужурун алган. Эмилбек ага болбой чоңойгон кызына каткан варьениелерин, салаттарын койдурган, андан кийин Тейит аялы экөө атайын барганда көтөрүнүп барышкан, Эмилбек кой союп коноктогон эле, аялынын ар бир кыялы азыр аны ирээнжитип турду. Жашы кырк экиде, агасынан он жаш кичүү болчу.

- Эмилбек досум, сен ойлонуп кеттиң да? - деди Тейит ага.

- Аа-а, - Эмилбек уйкудан ойгонгондой селт эте калды, - Тейит, сен билесиң да, агамдан эки кыз калган, ошолорду Салкын батырбай коюп...

- Уккам-уккам.

- Ошонун улуусу турмушка чыкканбы, ошону издеп келдим эле.

- Өткөндө барган тура, ошондо сурабадыңбы?

- Кайдан, аялдын тилине кирип алып жаман-жакшы айтышып калдык, анан кайдан сурайм, туугандар наала кылып жатат.

- Да-а, туура болбоптур, мен аны тааныбай деле калдым.

- Кантип табаар экенмин?

- Дареги болбосо кыйын, - деп Тейит бир азга отурду да, - Кел эмесе тамакка карайлы, бүгүн эс ал, анан көрөбүз, - деп стакандарга арактан, вокалдарга суусундук куюп алдына койду, - Эми адашкандын айбы жок дегендей таап катышканың туура, сен анын эң жакыны эмессиңби, кел эмесе жакшылык үчүн алып коелу.

- Кел аяш, алып коелу, сенин келишиң үчүн, - Элнура ага күлө карап стакан кагыштырып койду.

- Рахмат силерге, ден-соолукта бололу! - деп чогуу алып ийишти. Эртеси аны менен бирге Тейит чыкты, бирок кайдан издээрин билишпейт, сураганда кимден сурашмак, Нурай он алты жашында кеткен, азыр жыйырма бештердеги келин, анан базарга келип товарын жайган Тейит.

- Эмилбек, эми кандай кылайын дейсиң? - деди.

- Билбейм, - деди Эмилбек аргасы кеткендей, ошол учурда Гүлү Асекти жетелеп алып алардын жанынан өттү, чоңоюп калган кызды Эмилбек тааныбады, Гүлү алардын ары жагынан соода кылып кетип калды.

- Соода кылат бекен же эмне кылат болду экен?

- Ошону да билбейм.

- Эмне кылсак экен, жарыя берип көрсөкпү?

- Кандай жарыя?

- Базарда болсо угуп келет да.

- Мени укса келбейт ко.

- Анда таежелериң деп көрбөйлүбү?

- Мейли, эптеп тапсам кечирим сурап таарынычын жазганга аракет кылат элем да, - Эмилбек суз карады.

- Сен карай тур, мага атасынын атын, өз атын жазып берсең.

- Макул, - Эмилбек бир кагазга: "Замирбек кызы Нурай, Таш-Дөбө айылынан, издеп жаткан таежелериң", - деп анын этегине Тейит өз үйүнүн телефонун жазып койду да күндүзү болбойт, кечкисин чалсын", - деп жазып койду, - Ушуга табылаар бекен? - деп Эмилбек ага карады.

- Эгерде базарда эле болсо келет, - деди да Тейитбек радио узелге жөнөдү, ал жарыя берген кезде Гүлү базардан чыгып кеткен эле. Эч ким келбеди, эки-үч күнгө чейин кайра-кайра айттырды эле төртүнчү күнү Нурай базардан тамак-аш алганы барып угуп телефонун алып үйгө келип чалды: "Менин таежелерим апам өлгөндөн кийин бир дагы жолу катышкан эмес эле, неге издеп калышты экен, биз кыйналып турган кезде келбеген немелерди ушу тааныбаган бойдон эле тим койсомбу, же таанышып көрсөм бекен, таене-таятам го мурда эле жок эле", - деп ойлонгуча:

- Алоо, бул ким экен? - деген үн кулагына угулганда жүрөгү лакылдап үнү дирилдей:

- Мен Нурай, ушул телефонду калтырыпсыңар го радио узелге, - деди.

- Аа-а, бул телефонду бергендер кетип калган, дарегиңерди берип койсоңор, эми келсе берип коелу, - деди Элнура.

- Аа-а, алар качан келишти эле?

- Үч-төрт күн жүрүп бүгүн кетишкен.

- Сиз кимиси болосуз.

- Аяшы болобуз.

- Рахмат, - Нурай бир аз унчукпай туруп анан, - Менин иштеген жеримди үйдү жазып аласызбы? - деди да айтып берип трубканы койду: " Үч-төрт күн издешкен тура, мейли сураса сурагандыр, ошол учурда алардын деле шарты болбогон чыгаар", - деп ойлонуп отурганда:

- Эже ким экен? - деп сурады Гүлү.

- Таежебиз издеп жүрүптүр.

- Сиз аны билчү белеңиз?

- Көргөнмүн, апамдар өлгөндө келишкен.

- Андан кийин келген жок да?

- Ооба, келишпеди, көзүбүздөн жаш ордуна кан агып турганда келишкен эмес, балким бирөөлөрдөн уккандыр, биздин өлбөй чоңойгонубузду, - Нурай ойлуу карады, - Сен Асекти карап окубай дагы калдың.

- Эже, мен мектепке окубасам деле китеп окуй алам го, мектепти бүтүргөндөр эле кыйратып жатыптырбы? - деди күлө баккан Гүлү эжесине эркелей кучактап өөп, - Асек экөөбүздү кандай күндө бактың эже, мен сизге ыраазымын.

- Садагам десе, атамдар болсо ушул күнгө кабылат белек? - деген Нурай ордунан турду, - Мен базардан жакшы эт алып келип атам менен апама куран окутуп коелучу.

- Макул.

- Силер отура бергиле, - деп чыгып кетти, бир аздан кийин семиз эт менен он чакты нан алып келип аш басууга киришти, анан жуунду, уулу менен сиңдисин дагы жуугула деди, - Куранды таза даарат менен окубаса тийбейт экен.

- Чын элеби?

- Ооба, эркек окуса жакшы болот эле, мен маңдайкы кошунаны аялы менен чакырып келейинчи, - деп сыртка чыгып коңшусун чакырып келди да тамагын коюп үстөл үстүнө толтуруп куран окутту, Алманбет уулу Замирбек, Аалыбай кызы Айсалкындын сообуна деп бата кылып эми коңшуларын узатып жатканда эки колуна пакет алган Жаныбек келип калды:

- Кандайсыңар Нурай?

- Жакшы келиңиз.

- Таарынган жоксуңбу? - деп жылмайды Жаныбек.

- Эмнеге, сизге таарынып акылымдан ажырады дейсизби? - Ээрчише ичкери киришти.

- Байке-е! - деп Асек аны кучактап калды.

- Кана, менин сага эмне алып келгенимди көрчү, - деп Жаныбек Асекти өөп анан Гүлү менен учурашып пакеттин бирин ачып машина алып чыкты, - Кандай экен, сага жактыбы? - деди күлүмсүрөй.

- Ай-ий бул магабы?

- Ооба, сага алып келдим.

- Убара болбой эле койсоңуз болмок, - деди Нурай.

- Неге, Асек менин досум да ээ Асек?

- Ооба-а, менин дошумшуш да, - Асек мурдун шыр эттире оюнчук менен алек боло башка бөлмөгө кирип кетти.

- Гүлү, мен дагы сага бир белек алып келдим.

- Жөн эле койбойсузбу? - деди Гүлү уялгандай, Жаныбек ага алтын чынжыр алып келиптир, аны берип анан:

- Мен бир мектептин директоруна сүйлөштүм, жок дегенде тогуздун күбөлүгүн алып берсем бир окууга болбосо курстарга окуп алсаң болот.

- Чынбы? - Гүлү кубанып кетти, - Мен баарын билем, адегенде орус тилин, андан кийин англис тилине окуп үйрөнүп алсам жакшы болот эле.

- Баары болот, жазында күбөлүк колуңа тиет, - деди Жаныбек ишенимдүү айтып.

Нурай тамак менен чайын алып келди, Жаныбек койдун этин, майда бараттарды бүт көтөрө келген, ал ал бүгүн Айдар менен Батмага дагы кеңешти, алар эмне демек эле өзүңүз билиңиз дегенден башка сөзгө өтпөдү, анткени атасынын жалгыздыгы ал экөөнү тең эле ойлонтуп жүргөн. Батма Нурайдын жакшы келин экенин үйүндө жүргөндөн эле байкаган болчу. Алтынай угуп алып ал дагы кубанды. Анткени Айдар сары санаа болуп эле: "Атама жаман болду, Зыйнатка каршы болуп койгондо эмдигиче бирөөнү таап алат беле", - деп калчу. Ошол күнү Жаныбек Гүлү экөөнү карап туруп сөз баштамак болду эле Нурай минтип калды:

- Бүгүн бизди издеген таежемдердин келгенин уктум.

- Кайдан эле алар?

- Кочкордук болушат.

- Аа-а, жолуктуңбу анан?

- Жо-ок, дарегимди бердим.

- Жакшы кылыпсың, - деген Жаныбек Нурайды бир Гүлүнү бир карап алып сөз баштамак болгондо Гүлү аларды өздөрүнчө сүйлөшсүн дегендей ордунан турду эле, Жаныбек аны токтотту, - Гүлү, сен дагы отур, мен силерге маанилүү сөз айтканы турам.

- Кандай маанилүү сөз? - деди Нурай таңгала.

- Нурай, мени туура түшүн, эгерде туура көрсөң үйлөнүп алалы.

- Сиз...

- Ооба, көп ойлондум, каршы болсоң кыйнабайм, - деди аста карап.

- Сизге кандай деп айтаарымды билбей калдым, муну күткөн эмес элем.

- Нурай, чынында мен сени жактырам, аялымдын өлгөнүнө быйыл үч жылдан ашты, Зынйатты өзүң билесиң, акырында иниси кызымды тигинтип өлтүрүп кое жаздаганда өзү уятына чыдабай качып кетти, көрсө анын дагы катышы бар экен...

- Мени татыктуу деп ойлойсузбу? - Нурай ойлуу карады.

- Сени мен бир жылдан бери билип калдым, анын үстүнө көргөндө эле жаккансың, - Жаныбек Гүлүгө карады, - Гүлү сен айтчы, Нурайга ылайык болбосом сен эле чечип кой, бирок иштеше беребиз, баягыдай эле жардамымды аябайм.

- Мен айтсам болбой калат го, эжем экөөңүздөр сүйлөшүп көрүңүздөр, эгерде эжем макул болсо мен каршы эмесмин, - Гүлү күлүп коюп бөлмөдөн чыгып экөө калды.

- Мен ойлонуп көрөйүн, дароо эле макул деп айта албайм, балалуу аялмын, жашоонун сиз дагы, мен дагы билбеген табышмак сырлары көп, - деди Нурай.

- Аның туура, сен канча күт десең дагы күтөм, чынын айтсам үйдө отура албай сен бар жакка каччу болдум, жумушка сен үчүн барып жаткансыйм, сени көрүп эс алып калам, - Жаныбек оор күрсүнүп алды, - Эгерде менин жашым туура келбесе ачык эле айта бер Нурай, анткени бир топ улуу экеним чындык, улуулугума карабай сага сөз айтып жатканым туура эместир, ошентсе дагы өз оюмду айтууга аргасызмын...

- Жо-ок жок, сизди улуу дебейм, аялдын эркектен жашы төмөн болгону жакшы дейт го, болгону сизден мындайды күтпөгөнгө таңгалып турам, эгерде сиз ушундай деп чечсеңиз анда мен макулмун! - деп Нурай күлүмсүрөй караганда Жаныбек кубанып кетти, ордунан туруп барып келинди жүзүнөн алгач өптү:

- Ыраазымын, сени кагып коебу деп жүрөксүп жаттым эле.

- Кантип, сизди кантип кагам? - Жүзү албыра күлүмсүрөдү.

- Ким билсин, жашым өйдөлүгүнө карабай жаш келинге сөз айтып жатсам.

- Жүрөксүбөй эле коюңуз, менин ойлонгонум эле сизге барсам үч баш бирдей барсак кандай болот, Айдар эмне дейт, кызыңыз кандай кабыл алат?

- Мен Айдар менен Батмага сүйлөштүм.

- Чы-ынбы? - Нурай көздөрүн бакырайтты, - Эмне дешти анан?

- Өзүңүз билиңиз дегенден башка эмне демек эле?

- Демек...

- Ооба, сен макул десең туугандарды чакырып, иним менен келинимди кошуп келип сени алып кетейин.

- Каалаган күнү келиңиз!

- Алтыным десе, түш көрүп жаткандай болуп турам, - деп кубанган Жаныбек төш чөнтөгүнөн бир боо акча алып чыкты, - Бул акчага каалаган кийимиңди алып ал, баладан коркпо, өз баламдай карап багып алам, өгөйсүнтөт деп көңүлүңө кетпесин, - деген Жаныбек шашыла үйүнө кетмек болуп коштошуп жатып дагы Нурайды өөп анан чыкты. Нурай өзүнчө кубанып алды: "Жигиттин жигити элүүсүндө кыз алат деп коет го, эркек элүүсүндө орто жаш деп айтылат, жаман адам менен өмүр сүргөнчө жакшы адам менен бир күн жашаганым жакшы эмеспи, жаштар мага мындай урмат көрсөтө албайт эмеспи, Жаныбек менен жашасам бактылуу болоорум анык", - деп өзүнчө ойлонуп алды. Жаныбек берген эки миң долларды алып эртелеп Гүлү менен Асекти алып базарга жөнөдү, кийинип алып каалагандарын алып сиңдисин кийинтти, баласына алып берди, анан үчөө кафеден тамактанып түш оой үйүнө келишсе эки аял менен Эмилбек турган экен, аны көрүп жыйрыла түштү. Эмилбекти Тейит бирөөдөн чакыртып: "Нурай табылды", - дегенинен жөнөгөнү жатса Айсалкындын эки сиңдиси Нурай менен Гүлүдөн кабар алганы алардыкына келген экен, анан ачык айта албай ээрчитип келген эле.

- Келиңиздер, сиздерге ким керек? - деди Нурай Эмилбекке карабай туруп.

- Нурай, садагаң кетейин, Айсалкын эжемдин эле өзү болгон экенсиң! - деп улуу таежеси Гүлбарчын аны кучактап ыйлап, андан кийин Тумаркан келип Гүлү менен Асекти өөп калды, - Ушунча жылдан бери каттабады деген таарынычың бардыр, ошондой болду садага.

- Үйгө кириңиздер, - деди Нурай андан бошоно.

- Аман экенсиңер кудайга шүгүр, - Гүлбарчын үйгө киргенде баары киришти, Эмилбек үндөй албай кошо кирди, Нурай чайын коюп, тамагын асып коюп анан алардын кашына кирди, - Бул сенин балаңбы Нурай?

- Ооба.

- Чоңоюп калган тура садага, - деп алып келгендерин ортого койду, - Биз силердин кайда экениңерди билели деп эле куданыкына келгенбиз.

- Ооба, өткөндө мен келип таппай кеткенмин, - деп Эмилбек жалтактай сүйлөдү, - Кудай жалгап досумдун үйүнө чалыптыр.

- Издеген сиз белеңиз? - деди Нурай.

- Ооба-ооба, өткөн-кеткен үчүн кечирим сурайын деп...

- Кечирим сурагандан, мен кечиргенден бир нерсе өзгөрөөр бекен, баары жүрөктө кетпес сыя менен жазылып калды го? - Нурай улутуна карады, тырмактай кыздар элек, сизден башка болгондо биз сиздин кыздарыңыздай болуп калат элек, кылган жакшылык да, жамандык да адам баласынын көкүрөгүнөн кетпей калат экен.

- Кечир кызым, жеңеңди башынан билесиң го?

- Ал аял, сиз гана чечип коймоксуз, анткендин ордуна кошо асылып туруп алдыңар го?

- Менде эмне, какылдаган аял...

- Нурай, биздин каттабаганыбыздын себеби бар садага, - деди Гүлбарчын аларды карап туруп, - Айсалкындан улуу агам, менин күйөөм, улуу балам удаа-удаа өлдү, өлүмдүн азабынан мен ооруп калдым, жакында Тумардын күйөөсү өлдү, анан ойлонуп отуруп бир дайыныңарды билели деп келдик эле...

- Өкүнүчтүү, сиздерди оюма да алганым жок, анын үстүнө мурун деле кээде эле келчү эмес белеңиздер, ата-энебиздин өлүмү бизге көптү үйрөттү... - Нурай көзүнүн жашын аарчып алды да турмушка чыкканын бүт айтып берди, - Көрсө адамдар ар кандай болот экен, кайненеме дагы менин жетимдигим жакпады, өзүнүн ата-энеси, сегиз баласы, алты бир тууганы бар экен, ал тургай чоң атасы бар экен, өлүм эмне экенин билбептир, өзүнүн башынан жамандык өтпөсө жаман адамдар гана өлөт дегендей көз карашта экен, баласы өлгөндө дагы мени кубалап чыккан, чоң атасы токсондогу чал аны токтоткон, төрөгүчө турсун деп. Мен төрөгүчө эмнени гана көрбөдүм кандай уу сөздөрдү укпадым, акыры балам эки ай болгондо кете бердим.

- Сенин кабарыңды ала албай жылда бир өлүм болуп, анын ашын бергиче бири өтүп кетип баш аягыбызды жыйнай албай жүрдүк, эми капа болбо садага, мындан ары катышып турабыз, - деп Гүлбарчын шыпшына боору ооругандай карап койду. Нурай семиз эттен жасалган тамагын алып келди, ал күнү алар калып Эмилбек кетти, ал Нурайга таарынып кетти, кантсе дагы отуз жылдап бирге жашаган аялынан жугуш болгонбу тез эле таарынып урушчаак аялдай бир нерсеге аралашып кетчү: "Жашабагыр десе, дегеле жүрөгүндө так калып калачагын, маа десе өлүп кетпейби, эл эмне десе ошо десин каттабайм", - деп Тейиттикине барып жатып алып эртеси айылга кетип калды. Гүлбарчын менен Тумаркан эртеси жай туруп эми тамактанып отурушканда түшкө жакын Жаныбек инисин, келини менен Алтынай болуп келип калышты, алар бирди союп келишкен эле, Нурайга алтын жасалгаларды тагып анан кийинтип даярдатып алып кетишти, аны менен Гүлбарчын бирге кетти, Тумаркан менен Гүлү Асекти алып калды. Жаныбектин туугандары күтүп жатышкан, Нурай аларга жүгүнө сый көрсөттү, өзүнө тааныш үй, бөлмөлөр, Нурай терең дем алып алды: "Адеп келгенимде дал ушул үйдө түбөлүк жашап калам деп ойлогон жок элем, кантсе дагы мени тагдырымдын бир бурулушу күтүп турган экен да, бул адамга ак дилим менен кара санабай адал жар болуп берүүм керек, бактымды кемите көрбө жараткан", - деп ойлонуп залга киришти. Ага абысындары чачыла чачып:

- Ак жолтой таттуу келин бол, алганың менен кошо кары! - деди алтымыштардагы аял жоолук салып бетинен өөп:

- Түсү ийгиден түңүлбө деген, татынакай келин тура айланайын, - деди дагы бир карыган кемпир бетинен өөп жоолук салып жатып, ар кимиси жоолук салып ар сөздү сүйлөп жатып анан улуу кайнагаларына жүгүнтүштү, мал союлуп коңшулары кирип чыгып жатышты, Нурайдын бул үйгө жумушчу болуп келип кеткенин Айдар менен Алтынай, Батма менен Нурдин гана билет, азыраак иштеп жүргөн учурда Каныбек менен Гүлзина келген эмес. Ошондуктан ал сыр төрт-бешөөнүн гана ичинде. Гүлзинага Нурай жагып калды, чынында алар Жаныбектен жарым жаш кичүү чүрөктөй келинге үйлөнгөнүнө кубанып жатышты. Зыйнатка мынчалык кылган эмес, боюмда бар дегенине карап эле Жаныбек аны ата-энесинин үйүнө барып алып келе берген болчу. Азыр Нурай үчүн баарын жасоого кайыл болуп турду. Ал күнү Жаныбектин үйүндө той болуп жатты, музыка жаңырып дасторконду тегеректеп отурган туугандар бири-бирине ыр таштап ырдап киришти. Жаныбек өзү барып Гүлү менен Тумарканды алып келип куда катары сыйлап жатты, Асек апасынын жанында эч нерседен капарсыз отурат, ал азыр наристе эмеспи, эмне болуп жатканы ал үчүн түшүнүксүз эле, карды тоюп, көңүлү куунак, кийими бүтүн болсо баланын иши бала го. Нурай жүзү албырып абдан бактылуу, сыртта иш кылып эт бышырып чай кайнаткандар өздөрүнчө бири-бирин түртүп коюп:

- Ай, акемди бул жакшынакай келин сүйүп тийдиби ыя? - деди бири.

- Кызык экенсиң, ушул заманда сүйүү тамак болуп бермек беле, акемдин байлыгы бар үчүн тийди да, - деди бири.

- Ошону айтсаң, бул өңү менен өзү курдууну деле тапмак.

- Өзү курдуу муну эмес өзүн бага албай жүрсө аны эмне кылат, баласы да бар тура.

- Ооба десең, баласы менен жаштар албай калды го?

- Байкуш, Салима жеңе эмнеге өзүн-өзү өлтүрүп алганы белгисиз бойдон калды.

- Кеткен катыны менен ойнош болуп алганын жеңем байкап калса керек да, - деди бири шыбырап, - Кызматчы жылдаш деле кыйын болуп калды, эриңди тартып алса, - деп шыңкылдап күлүп калды.

- Ошону айтсаң ай, - деп бири аны чаап каткырып ийди.

- Эмнеге эле каткырып жатасыңар? - деп биринин күйөөсү аларга келди.

- Жөн эле, күлсө да болбойбу?

- Уят, ушу экөөңөр ушак айтып жатат окшойсуңар.

- Жо-ок ай, ушагы жок эле сүйлөшүп жатабыз, бар эркектер жакка барчы, - деди аялы.

- Акемдин аялы сулуу жаш экен ошону айтып жатабыз, - деди берки келин, алар Жаныбектин туугандарынын келиндери эле. Ошентип Нурай өз каалоосу менен Жаныбекке турмушка чыкты, Асек менен Гүлү ошол жерде калышып өз үйүнө батирчи киргизип койду. Гүлбарчын менен Тумарканды сыйлап кийит кийгизип узатышканда келип кетебиз деп кетишкен эле. Нурай өз ишинде иштеп Жаныбек экөө бирге кетип бирге келишет, Батма Нурдин экөө дале ошол жерди, үйлөнүү тоюнда белек кылган эки бөлмөлүү үйгө кетебиз деп ойлоп жатышкан, Нурдиндин ата-энеси наалып ага күндө келинин алып келүүнү айтышат.

- Балам ай, башка эле кызга үйлөнсөң болмок, келин алып колубуз узарат десек түйшүгүн тарттың, эрке өскөн кыз экен, - деди Каныш бир күнү.

- Эми деле кеч эмес, ажырашып алчы балам, - деди Акылбек.

- Жок ата, апа мен Батмадан ажырабайм, - Нурдин кесе айтты.

- Ушинтип эле жүрө бересиңби, же үй-бүлөө күткөн түрүң жок, жашың отуздан ашты, бала-чакалуу болсоң болот эле.

- Болот да апа, кудай буйруса, берсе болот баары, кудай кандай кылат ким билет?

- Кудайдан тиле да уулум, кудай деген кур калбайт.

- Апа, адамдар өлгөндөн кийин өз күнөөсүнө жараша жазаланаарын билчү белеңиздер? - деди Нурдин.

- Эми өлүп көргөн киши жок балам, пенденин баары эле күнөө жасайт да, шариятты угуп отурсаң балам ажатканадан баштап күнөө, сол бут менен кирип оң бут менен чыгуу керек, бут кийимди кийгенде оң бутту, чечкенде оң бутту, мына мунун баарын тикелей молдолор да аткарышпайт, - деди Акылбек күлүп.

- Сен да бала болуп кетесиң да, - Каныш күйөөсүн жаман көрө карады.

- Мына-мына, сенин мага акшыя караганың дагы күнөө, - деп күлдү дагы Акылбек.

- Койчу кайдагыны айтпай, эрлерин көрдөн алып жерге алып көргө салган катындар эмне болот, сийип-чычып эрин көзүнө илбеген Сурма кантээр экен? - деп Каныш жини келе карады.

- Мен кеттим, биз жаңы үйгө көчөлү дедик эле...

- Ээ кокуй эми үйгө келбей өзүңөрчө кетесиңерби?

- Ооба, Батма бир аз өзүнө келсин апа.

- Капырай, эл келин алып колу узарып эле оңуп калат, биз келин алдык эле бир жалаңкыч болуп чыгат, тигил экөө болсо бөлүнгүчө шашты эле, мунусу бир балээ эле болуп жатат, - Каныш кейип кепчип кирди, - Бир он күн казан кармаган жокко ботом.

- Буйруса кармайт апа, аны көрдүңүз го, бир өлүмдөн калды, дагы жакшы акчаны алып барып артынан кылмыш иликтөөчүлөрдү билгизбей артынан койбогондо өлтүрүп эле ыргытып иймек экен, кантсе да ишенгендери бар.

- Акчасы бардын ошондой машакаты болот, коркуп үркүп жашашат балам, ал жерде сен жүрсөң сары санаа болобуз, андай байларды үй-бүлөөсү менен өлтүрүп кетип жатпайбы, этият болсоңчу деги, - деди капалана.

- Апа, адам баласынын ичээр суусу түгөнсө кандай сактанса да ажалдан кутула албайт, пешенеде кандай жазылганын ким билет, Жаныбек ата абдан жакшы киши, анын бирөөнү өчөштүрө турган эч себеби жок апа.

- Өчөштүрбөгөнү менен анын байлыгы бар да балам.

- Макул анда, мен кеттим, - деп кетип бара жатканда:

- Ээ балам, кайнатаң аялың экөөңө эки машина берип коюп сени да арбап алды окшойт, үйгө келбей калдың, сенин күйөө баласы экениңди билип дагы бирөө залогго албаса болду, - деди Акылбек тамашалай күлүп.

- Коркпоңуз ата, - деп коюп Нурдин чыгып кетти.

- Балаң баш үйрүтмөсү бардай эле келинден чыкпай калды, деги эмне кылабыз? - деди Акылбек ал чыгып кеткенден кийин, - Бүбүгө барып жатып бир балээ кылганбы дейм?

- Обу жок болбочу, Акматтын бир кызынын айынан балаңдын тентип кеткенин билесиң го, эми анын түгөйү чыгып көктөн тилегени жерден чыкпадыбы.

- Аның ырас го, бирок күч күйөө болуп калгандай болду.

- Батмасынан чыгарабыз деп дагы балээге кабылбайлы, эмнеси болсо дагы аман-эсен жүрсө болду, акыры бир мааниси болоор...

- Кудай дейли, дайынын билбей деле жүрбөдүк беле, андан көрө алдында унаасы бар, аялы турат, күркүл кайнатасы бар, - деп аялын тынчтандырды Акылбек, алар сүйлөшүп отурганда Айша келип калды:

- Кел-кел кудагый, - Каныш аны жакшы маанайда тозуп алды.

- Келдим, Нурлан келип жатабы?

- Эми эле кетти.

- Ботом бизге кайрылып койсо болбойбу? - Айша таарыныч кыла айтты.

- Эмне аны кайрылба демек белек, бизге деле кээде дайынын билгизип коет, келинибиз болгону бир келип койбойт, келин алган эле атыбыз...

- Капырай, эмне дейт деги, сары санаа болобуз биз деле, ушундан көрө билбеген бойдон калсак эмне, - деп Айша бышактап алды.

- Кейигенде эмне Айша, азыр эле биз дагы айттык, келин келбейм десе ажыраш деп.

- Эмнеге? - Айша эми гана эсине келгендей элээ карап калды.

- Келин алган атыбыз бар, карыганда колубуз узарбады, уулум анын артынан кошо жүрөт, андан көрө тынч үйгө карамдуу өзүбүзгө ылайык бирөөнү алса болот эле да, атасынын байлыгына чиренеби келиндей болуп кызматын көрсөтпөдү, өзүң калыс болчу Айша.

- Эмне кылсын анан, - Айша кызын жактай сүйлөдү, - Байкуштар эрке өстүрүп коюшкан тура, баарынан бизди айтпайсыңбы, барсак жактырбайт, же келип койбойт, бөлөк болуп калса жаман тура, - деди шыпшына, - Тилегиң каткырлар алып кетип дагы запкы жеп калбадыбы.

- Анысы бар, ошентсе да...

- Ажыратам дебегиле Каныш, бир эл бир журтпуз, кызыбызды эми тапканда ажыратып койсоңор биз такыр айрылып калбайлы.

- Эми ойлонот экенсиң да, күч күйөөдөн бетер ошол жерден чыкпаса.

- Батмага карап жатса керек да.

- Үйүндө кызматчы бар экен, белен оокатты ичип жатып алышат, иш кылам дебейт, бул жерге келсе иш кылат, жадагалса Батманын тамак жасай алаарына күмөнүм бар, - деди Каныш күлүп, - Казан аяк кармап көрбөсө керек.

- Эми-и кудагый андай болушу да мүмкүн, жаш эмеспи үйрөнүп кетээр.

- Анысына го мейли дечи, үйгө келип бир келиндей болуп жүрсө болот эле ботом, - Каныш бир нерсени ойлогондой, - Баса кудабыз жаш аялга үйлөнүптүр, Батма курдуу эле дейт, экөөбүз барып көрүп келелиби? - деди.

- Апей ботом, дагы үйлөнүптүрбү?

- Анан бойдок жүрмөк беле капырай?

- Барса барып келели...

Бүбүкан ойлонуп отуруп Гүлия менен Сапарга айта албасын билди: "Кечээ эле атам башка аялга үйлөнүп алса эми апам күйөөгө тием дегени эмнеси, булар болбой калган го, же апам өзү таап алып анан атама уруксат берген экен деп ойлошот го, айтпай басып кетүү менин курагымда уят, же жөн эле айтпай кетип калсам бекен, кое тур десем Денис дагы болбой жатат", - деп ойлонуп отурса Садыр кирди.

- Кел, эмне болду?

- Сезим ооруп калды.

- Ооруканага алып бардыңарбы?

- Ооба, сен Жанарды карай турбайсыңбы.

- Мейли алып келип бер.

- Анда мен алып келейин, - деп Садыр кайра эле чыгып кетти, Жанар алты айлык болуп калган, Бүбүкан аны күтүп жатканда Денис Айткулович келип калды.

- Кандай Бүбүш? - Ал келип эле аны өөп калды.

- Өзүңөр кандай?

- Жакшы, сени күтүп отурам, - деди күлүп.

- Мени күткөндө не, балдарга айтуу кыйын болуп жатат.

- Анда өзүм эле куда түшүп келейин, - Денис тамашалай карады.

- Ошол эле жетпей жатты эле, отур чай-пай ичели.

- Андан көрө сыртка чыгып сейилдеп келсек кантет, аба ырайы сонун болуп турат.

- Жо-ок, азыр Садыр баласын алып келет, кызы ооруп калыптыр, мени карап тур деди эле.

- Ой сен ага бала баккыч болмок белең, өзүң кара дебейсиңби?

- Болбойт, каралашып коеюн.

- Бүбүш, сенин дагы өз жумушуң болуш керек, баласын алып келсе бул жерде болобу? - Денис кабагын чытый карап жооп күтүп калды.

- Ооруканада болот да.

- Жо-ок, эгерде баланы алып келсе түндөсү келип алат, анда мен кетпейм.

- Эмнеге, балдар келишет да.

- Мен ачык эле айтам, ошо Садырга дагы ачык айтам.

- Баланын ишин кылба Денис, оору оюн эмес экенин билесиң, кызы кичинесинен бир оорусу бар дейт, мындайда каралашпай койгонум болбос, өзүң адам өмүрү менен күрөшөсүң го, дарыгерлер кайдыгер карабашы керек.

- Аның туура, мен күйөөңдүн бул жерде болоорун айттым.

- Кызы сакайгыча келсе келип тураар...

- Бүбүш, сен дале күйөөңдөн үмүт кылат окшойсуң?

- Сен түшүнсөң Денис, анын тууганы жок, жакыны болбосо кыйын да.

- Ошондо аны аяп сен өмүр бою эле жүрө бергиң келеби?

- Кызы сакайып кетсе кайра алып кетет да баланы, - Бүбүкан ушинтти да: "Бул андан мени кызганып жатат го, минтип турса кийин кандай болот, балким ушундайда тынч эле токтотуп койгонум туурадыр, ушул жашымда буга турмушка чыгып алып жашай албай калсак балдарга уят эле болом", - деп ойлонуп отуруп калганда:

- Бүбүш, давай эртерээк эле үйлөнүп алалычы, болбосо сени күйөөңдөн кызгана берем, - деп Денис анын оюн бөлүп жиберди.

- Шашканда эмне, бири-бирибизди толук билбейбиз Денис, - деди Бүбүкан ойлуу.

- Бул сенин каршы болуп турганың го?

- Жо-ок, сен ошондой түшүнсөң анда ошондой, - деп эшиктен чыккан дабышты тыңшай калды, Садыр баласын көтөрүп кирип Денисти көрүп делдээ туруп калды, анын колундагы наристе бакыраңдай ар кимисин карап күлүп жатты, Бүбүкан көрө элек болчу, наристени көрүп ичи жылый, - Кел, эмнеге туруп калдың? - деп туруп барып баланы колунан ала коюп өпкүлөп ийди, - Ширин бала го бул ыя?

- Бүбүш, мен бара берейин, мында шымдары бар, - деп пакетти койду.

- Сезим дурус элеби?

- Өтө оор болуп турат, диагнозун таппай жатышат.

- Денис, сен врач эмессиңби, бир карап көрсөң болоор? - деп Бүбүкан Денисти карады.

- Мен чоңдорду карайм, аларды балдардын врачы көрөт да.

- Балким бир көрөөрсүң.

- Мейли, көрсө көрөйүн, кайсыл жерде?

- Үчүнчү ооруканада.

- Анан барам, аты жөнү палатасы...

- Сабырбекова Сезим, экинчи кабат, бешинчи палата.

- Барам, - деп коюп отуруп калды Денис Айткулович, Садыр чыгып кетти, анын кабагы бүркөлүп кабатыр болуп турганын көрүп өзүнүн милдети болбосо дагы адамгерчилик үчүн жаш кызды көрүп коюну туура көрүп турду.

- Байкуш жакшы болуп келсе экен, балада эмне күнөө? - деп Жанардын сырткы жылуу кийимдерин чечип отургузду.

- Сен күйөөңдүн балдарын багып эле отургуң келет окшойт ээ Бүбүш?

- Жардам бергендин эмнеси айып Денис мырза? - Бүбүкан ага жылмая карады.

- Күнөө жок дечи, мен сени кызганып кетип жатпайынбы, - Денис ойлуу ага карап бир аз отурду да, - Мен ушунча жыл жашаган аялымды мынчалык кызганбапмын ойлоп көрсөм, сүйүү адамга эртедир-кечтир бир келээри чын экен, мен сени эссиз сүйдүм Бүбүш, - деди анан оор күрсүнө.

- Чын элеби? - Наздуу карап жылмайып койду.

- Мен жаш эмесмин го, тоок сүйүү дегидей, күйөөңдү көрсөм эле сени менден кайра тартып алчудай болуп өзүмдү коерго жер таппай кетчү болдум, мынчалык болуп көрбөгөнмүн, күндө оорукана, анан үйдүн жолун, эмгектеримди жазуу менен алектенчүмүн, эми бир күч сени көздөй эле тартып турчу болду, көңүлүм тынчыбай иште дагы отура албайм, аялым өлгөндөн бери ооруканадан кеткенге шашпай оорулууларды карап коюп жүрө берчү элем, эми убакытты карап отуруп чыкканча шашам.

- Ошондой де, балким сүйүүдүр, балким жашың өткөндөгү жалгыздыктын азабыдыр?

- Балким сен ошондой түшүнөөрсүң, бирок мен сенсиз жашай албай калдым Бүбүкан.

- Шашылба, убакыт өзү көрсөтөт, - Бүбүкан Жанар ыйлап калды эле аны алаксытып көтөрүп сооротуп кирди, - Денис, сен барып Сезимди көрүп келчи.

- Макул, мен барып көрөйүн, кайра келем, - деп ордунан туруп пальтосун киймек болуп илинген жерден алып жатканда Бүбүкан ала коюп кийгизди:

- жакшылап көрүп кой эми, билсең ал аял деле эне, жүрөгү ооруп айласын таппай жатса керек? - деп узатып чыкты Денис унаасына отуруп жөнөп кетип бара жатып: "Чынында абдан жакшы аял, балким күйөөсүн кыя албай жаткандыр, көп жыл бирге жашашса, дагы байка көрөйүн", - деп ойлонуп бара жатып ооруканага жетип унаа токтоочу жайга токтоду да айткан палатага көтөрүлдү. Кирип барганда Сагынай ыйлап отурган, Садыр үңкүйө кызын карап туруптур:

- Саламатсыңарбы? - деп Денис Айткулович Сагынайга баш ийкеди, - Кыздын абалы кандай?

- Жатат, - деп койду Сагынай, Денис Айткулович палатадагы кранга колун жуур келип кыздын жанына отуруп адегенде тамырын көрдү, анан көздөрүн ачып көрүп:

- Анализдери кайда? - деди.

- Врачтарда.

- Азыр, мен барып көрүп келейин, - деп чыгып кетти.

- Бул кайсы врач? - Сагынай Садырга карады.

- Чоң кишилерди көргөн профессор, күчтүү врач экен.

- Сен чакырдыңбы?

- Ооба, - Садыр бир сөз менен жооп берди, ошол кезде балдар врачы менен ээрчише кирип келишти да экөөлөп карап көрүп анан Денис Айткулович:

- Бул кыздын боору атып кеткен, - деди да кайрадан назначениелерди жазып берип анан Садырга карады, - Кыздын өмүрү кыл учунда экен, көп бастырба, тамакты ылгап бергиле, дагы бир аз күндөн кийин көрүп кетем, уколдорду алгандан кийин көрөбүз, - деп кайра эле чыгып кетти. Садыр үндөгөн да жок, Сагынай кыймылга келген кызына карап алек болуп калды, ошол күндөн баштап алган уколдору таасир эттиби бир аз көзүн ачып ынтыкканы жакшырып калды. Туруп бастырбай тозуп анын жанында Сагынай болуп жатты, Садыр баласын алып келип эмгизип кайра алып кетет, Бүбүкан аны карап жатты, күндө бир маал келип кетип Денис Айткулович анын шаштысын алат. Сезимди үч-төрт жолу өзү барып көрүп бир бөлөк уколдорду жаңылап бердирген соң сакайып калганда үйүнө чыгарды, ошондо дагы аны көп бастырбагыла, сары май, күчтүү эт жедирбегиле, каймак майдан бир маал берип тургула деди Денис чыгаарда көрүп. Садыр ага ыраазычылыгын билдирип акча сунду эле ал аны далыга таптай ары алып барып:

- Садыр, мен акча үчүн кылбадым, адам өмүрүн сактоо менин милдетим, бирок сени менен бир нерсени сүйлөшүп алсак кандай болот? - деди ага.

- Айтыңыз, сүйлөшсө сүйлөшөлү.

- Мен Бүбүканга үйлөнөм, сен мени түшүнөөрсүң, каршы болбойсуңбу?

- Кандайча, ал макулбу?

- Ооба, биз сүйлөшкөнбүз.

- Демек, ал буга макул экен да, - деп Садыр ойлуу туруп калды.

- Ооба, биз сүйлөштүк, эми Бүбүканды тынч кой, - деди Денис ага мыкчырыла карады, ал ушул кезде Садыр менен чабышып эрөөлгө чыкчудай түрү көрүнүп турду. Ал аны түшүндү, бир жагы кызынын ден-соолугунун оор болуп турганда камырдан кыл сууругандай болгонуна ичинен ыраазы болуп калгандыктан аргасыз жылмайган болду.

- Жарайт-жарайт Денис Айткулович, мен каршы эмесмин, кандай чечсеңиздер ошондой болсун, мен эмне демекмин, - деди желкесин кашылай.

- Азамат! - Денис Айткулович жаркылдай колун сунду, - Кана эмесе сага да жакшылык каалайм, эч качан балдарың да өзүңөр да оорубагыла.

- Айтканыңыздай болсун, ооруну сиз бар жеңебиз, биринчи кудай, андан кийин себепчи сизсиз, - Экөө кол алышып анан коштошушту. Садыр дароо бурулаары менен кабагы бүркөлө жалдаган таксиде отурган Сагынайга келип үйүнө жөнөдү. Алар адегенде Бүбүканга барып баласын алып кетмек болушту. Бүбүкан баланы кийинтип даярдап турган болчу, таксини токтотуп Садыр түшүп бара жатканда:

- Эрте чык, - деп калды Сагынай.

- Жатып алмак белем, - деп Садыр орой жооп берип кирип кайра эле чыкты, анткени унаанын үнүн угуп Бүбүкан өзү чыгып келе жаткан эле, ал баланы берип кошо чыгып Сезимди көрүп бетинен өөп Сагынай менен учурашты:

- Баланы жакшы карагыла эми, тамагын тергеп бергиле, - деди кайненесинен бетер камкор боло карап, - Жаш баланыкын этияттап бербесеңер болбойт.

- Рахмат, жакшы эле карайбыз, - деп Сагынай жактырбагандай болду.

- Баргыла эми, - деп Бүбүкан ары боло берди.

- Жакшы тур Бүбүш, - деди Садыр баш ийкей.

- Жакшы баргыла, ооруба Сезим ээ кызым, - Бүбүкан наристе кызга ушинтип жылмайды, такси жылды, Бүбүкандын ичи бошоп эңшериле түштү, жакын адамы алыска кетип бара жаткандай эңсеси сууй түштү, наристени өз баласындай өөп, жыттап айланып-кагылып берилип калганга жалгызсырап кетти, анан дагы Садыр менен биротоло коштошкондой болуп кетти. Таксинин артынан телмире өткөн-кеткенин ойлонуп үйгө киргиси келбей тура берди: "Мен эмне болуп турам, Садырдын менден кеткени качан, эми анын үй-бүлөөсү бар, балдары бар, анын эми өмүр жолу башка-а, мен аны неге дагы эле жакшы көрөм, мен үчүн ал жашоомдун өзөгү эмес беле, неге биздин жолдон кайчы жолго түштү, тагдырыбыз ушундай беле кудайым, өмүр бою бирге болобуз дебедик беле, анан эмне болду", - деп көздөрүнөн тамчы жаш эрксиз куюлуп туруп Садыр экөөнүн баш кошоордогу бактылуу кезин көз алдына келтирип бир ордунда тура берди... Анда Бүбүкан мектепти жаңы бүткөн кез, абдан эркелигинен кыздар менен айылдык клубдарга оюн-зоок болсо такыр калчу эмес. ошол учурда Садыр инженер болуп колхозго жаңы келген болчу. Курбусу Айкыз менен концерттен чыгып келе жатып бир нерсени айтып каткыра шыбырашкан кыздар аны сүзүп кетишти.

- Кыздар этият болбойсуңарбы, - деп калды ошондо ал жигит.

- Кечиресиз, - деп экөө бири-бирин карап алып кайра каткырып басып кетишти.

- Кыздар! - деди артынан ал жигит жете келип, - Бул силердикиби? - деп колундагы жоолукту көрсөттү, кыздар дагы бири-бирин карап түртүшүп калды, жоолук Бүбүкандыкы болчу, мойнуна салынып жүрүп түшүп калганын билбептир.

- Рахмат! - деп Бүбүкан анын колунан алаарда ал жигит кое бербеди.

- Мынча болду таанышып алалы кыздар, менин атым Садырбек, - деп жоолуктун бир учун кармаган бойдон кыздардын жанына келди.

- Туш келген кыз менен таанышуу адатыңызбы? - деди Айкыз жактыра бербей.

- Таанышуу элибиздин салты эмеспи, - деди Садыр күлө карап, - Туура эмес айтып алсам кечиргиле кыздар, - деди да жоолукту Бүбүкандын бетине жаба серпип коюп басып кетти, Бүбүкан жини келип анын алдына өттү:

- Таанышуу салт дейсиз, анан кыздарга мындай копол мамиле кылуу дагы салтпы?!

- Бул кыздардын мамилесине жараша жооп.

- Сиз анда жигит эмессиз! - деп Бүбүкан басып кетээрде ал аны карыдан кармады:

- Кыздар сылык, назик болбойбу, мындай мүнөзүңөр менен кара далы кыз болуп кала бересиңер! - дегенде Айкыз.

- Эркектин текеберин биринчи көрүшүм, сиз бизди басмырлап жатасыз, - Жүрү-кеттик Бүбүкан, мындай эркектер өмүр бою бойдок өтөт! - деп аны колдон алды, - Кеттик!

- Айкыз, кое турчу, мен муну менен көрүшөм азыр, - Бүбүкан курбусунан бошонууга аракет кылып жатканда Садыр кыт-кыт күлүп алаканын чапты:

- Таанышканыма кубанычтуумун Бүбүкан, Айкыз, эми менин оройлук кылганымды кечирип койгула, - дегенде кыздар таңгала бирин-бири карап туруп калышты, - Эмесе силерди узатып коеюн, айкыз, Бүбүкан кайда басабыз?

- Кереги жок! - Айкыз тултуң эте артына бурулду эле Бүбүкан дагы эмелеги жигит менен мушташмак болгону эсинен чыга курбусунун артынан жөнөдү, Садыр алардын артынан бара жатты:

- Жолугушуу абдан жакшы өттү ээ кыздар? - деп Бүбүканды карады, ал ага жагып турган болчу, - Мен аябай кубанычтамын, - деп өзүнчө түнкү салкын абадан кере дем алып алды.

- Ары жок жигит экенсиз, - деди Айкыз.

- Кандай десеңер дагы макулмун, кыз кылыгы, назы менен сулуу...

- Кыз көргөнсүзбү? - деди Бүбүкан.

- Жок, биринчи көрүшүм, - Садыр ага жылмая карап көзүн кысып койду.

- Токойдо жапайы жашагансызбы?

- Ооба, эл аралап жүрсөм да силердей кызды жолуктурбапмын.

- Кызык, - деп койду Бүбүкан, аны Айкыз шаштырып алдыга ылдамдай басышты, Садыр аларды тим коюп акырын басып бара берди, адегенде Бүбүкан чоң дарбазалуу үйгө кирип кетти, Айкыз анын аркысына кирди, Бүбүкан артынан калбай келген Садырды дарбазанын жылчыгынан көпкө карап туруп анан ал кеткенде кирди, кыз жүрөгү элеп-желеп болуп өзүнчө толкунданып бөлмөсүнө кирип жатып калганда Гүлүкан тогузда окуган кыз аны башын көтөрө карап:

- Жанагы жигит ким? - дегенде селт этти.

- Сен кайдан көрдүң?

- Аны кеткенче карадың го?

- Жатчы ары!

- Атама айтам, сен эмитен жигит менен сүйлөшөсүң.

- Гүлү койчу эми, мен эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, ал өзү эле ээрчип келди.

- Калп, атамдарды уятка калтырасың.

- Айкыздан сура ишенбесең.

- Макул, уктай бер, - Гүлүкан ары карап жатып алды. Ошондон кийин гана Бүбүкан сиңдисине көрүнбөөгө аракет кылып Садыр менен жолуга баштады, кандайча аны менен жакындап кийин Садыр аны алып кетээрин айтты, ал макул болду, өрөпкүп эки бети албырып Садырдын жары болооруна кубанып бөлмөсүндө отурганда апасы кирди.

- Кызым, бүгүн башкачасың, энеңе сырыңды айтасыңбы? - деди мээримдүү жылмая. - Менин кызым бой жетип калганбы дейм.

- Апа-а, - Эркелей ого бетер жүзү кызарып кетти.

- Жо-ок кызым, сага бирдеме болгон.

- Апа, атама айтпайсызбы?

- Жок айтпайм.

- Убада бериңиз.

- Убада берем, - деген апасы кызын ойлуу карап туруп калды.

- Мен жакында турмушка чыгам!

- Эмне?! - Апасынын ошондогу көзүн алайта карап туруп калганы Бүбүкандын көз алдында түбөлүк калып калды, сөз сүйлөөгө дарманы калбагандай тунжурап отуруп калды, Бүбүкан эненин оюна нелер келип не кеткенин сезбеди, тек көз алдында келишимдүү жигиттин турпаты элестеп өзүнчө кыялданып турду, бирок эне башка сөз айтпады же күйөөсүнө сөз чыгарбады, жөн гана ордунан туруп бөлмөдөн чыгып кетти. Ошондон кийин ашыкча сүйлөбөй кызынын баскан турганынан көз салып, кези келе калса акыл-насаатын айтып, бирөөнүн үйүнө бүлө болуп барганда өзүн кандай алып жүрүү керектигин, келинге ар кандай сындар айтылып кайненин азуулуу, ачуулусу да, мээримдүү салтты билгени да болоорун, чоочун үй-бүлөөгө батып кетүү оңой эместигин айтып жүрдү. Ким, кай жерлик, кандай үй-бүлөөдөн деп дагы сурабады. Көп өтпөй турмушка дагы чыкты, атасы күйөө баласынын жетим экенин билгенде катуу капаланды, апасы аны жубатып:

- Жусуп, жетим кудайга жазган бекен, өзү тың бала экен, бизге карамдуу болот, кызыңдын бактылуу болуп турганын көрбөйсүңбү, демек бири-бирин сүйсө бактылуу болушат, - Майрам ага күлө багып ушинтти.

- Мейли, кызым бактылуу болсо болду...

- Ошондой дечи Жусуп, кызыбыздын бактылуу болушу башкы нерсе, - дешип тим болушкан, ошентип алар отуруп калышты. Айткандай эле алар абдан бактылуу эле, тагасынын колунда чоңойгон Садыр кайнатасынын уулум жок деген арманын жууп кеткенсиди, колуна кол болду, кийинчерээк биротоло келип алышты, анткени таажеңеси Бүбүканга көп кысым көрсөтүп асыла баштаганда аялын колунан жетелеп чыгып кетишкен эле, ата-энеси оңуп эле калды, кийин Гүлүкан турмушка чыкканда баарын берип көңүлдөрү тынып калганда Бүбүкандын кызы үчкө чыгып калган. Гүлүкан экини удаа төрөп экинчисинде уулун көрүүгө жетишпей көз жумуп кете берди, Жусуп ооруп жүргөн эле кызынын кайгысын көтөрө албады, андан жыл өтпөй Майрам башым деп жатып көзү өтүп кетти. Садыр менен Бүбүкан ал үйдү сатып ийип шаарга баса беришти, ошондо Гүлия жети-сегиз жашта болчу, Алтынай эки жаш, Сапар жаңы гана төрөлгөн... Ошол учурда жанына Денис Айткуловичтин унаасы келип токтоп оюнан адашып аны карап калды.

- Эмнеге сыртта турасың Бүбүш? - Денис түшө калып аны өөп, - Ой тоңуп калгансың го, эмне болду сага? - деди чоочулай.

- Эми эле чыкканмын, Жанарды алып кетти.

- Эң сонун, эмесе экөөбүз балдарга баралыбы?

- Кое турчу, - Бүбүкан ойлуу ага тигилди.

- Жүр, үшүп кетипсиң, үйгө кирип сүйлөшөлү, - деп аны колтуктап үйгө киришти, - Сен тоңуп калыпсың, качантан бери сырттасың деги?

- Ой эми эле кетишти, - Бүбүкан жүзү бозоро күлүп жооп берди.

- Жылын, ооруп калсаң эмне болот? - деген Денис Айткулович: "Демек Садыр бир сөз айткан, же өзү аны кыя албай жатат, кетип калганга ичи ачышкан го", - деп ойлонуп отуруп калды, - Өзү алып кеттиби?

- Жо-ок, ооруканадан келе жатышыптыр, Сезим жакшы болуп калыптыр, рахмат сага Денис.

- Эчтеке эмес, бул менин парзым Бүбүш, чынында кыздын абалы кыйын, өтө кооптуу, дагы да абалы оңолуп кетпеди Бүбүш, бул айыкпаган оору, жаш баланын боору катышы жаман, оорулуу төрөлгөн тура.

- Эмнеге, бул сөзүң...

- Ооба, бул көп жашай албайт дегеним.

- Ыя, ошондой болоору аныкпы?

- Ооба, ал жөн гана жарыктыкка аз гана конокко келген пенде, күнөөсүз пенде...

- Ка-ап кудай ай, байкуш Садырга кыйын болот тура, - Бүбүкандын көзүнөн жаш сызыла ага карады, - баласы таза болду бекен ыя?

- Аны айта албайм, көрүнүшү жакшы эле го?

- Дени таза эле болсо экен.

- Бүбүш, сен дале Садыр үчүн кабатыр болосуңбу?

- Эми ойлойт экенсиң да, бала үчүн ошол аялга башын байласа.

- Бүбүш, мен сенден жооп күтүп жатам, же ошол кыялың менен өмүр бою Садырды ойлоп ал үчүн кам көрүп жаша, же менин колумду кармап бактыңа каршы турба! - деди Денис Айткулович ага, Бүбүкан аны эми гана көрүп тургандай карап калды, эшиктен бирөөлөрдүн кирип келе жатканы угулуп экөө тең босогону карап калышты. Ошондо бир жаштагы баласын көтөрүп Гүлия кирди да Денис Айткуловичти көрүп делдээ туруп калды.

- Кел Гүлү, кел кызым, - Бүбүкан тура калып анын колунан баласын алып жатканда Тариел кирди:

- Апа кандайсыз? - Тариел кирип аны менен учурашып өтө берээрде врачты көрүп кайненесин бир карап алды да, - Саламатсызбы? - деп кол алыша учурашты.

- Саламатчылык, балдар келгениңер жакшы болду, - деп Денис Айткулович айтканда Гүлия менен Тариел бири-бирин карап калышты.

- Кел отургула, - деп Бүбүкан алардын оюн бөлдү, - Тамак жасай коеюн, чай ичип отуруп тургула, - деп ашканага басмак болгондо:

- Апа, убара болбоңуз, биз сизге атайын козунун этин алып келип шашлык жасап берели деп келгенбиз, - деди Тариел.

- Койчу балам, суук бул болсо силер ушул суукта эшикке шашлык жасабай эле койгула айланайын.

- Эчтеке эмес, бул суук эчтеке эмес, Гүлү мен киришейин, - деди да Тариел пакеттеги маринаддалган этин алып, - Мен маңгалга от жага коеюн, - деп сыртка чыгып кетти, Денис пальтосун кийип Тариелдин артынан жөнөдү:

- Мен жардамдашайын.

- Сиз жөн эле коюңуз, - деп ыңгайсыздана Гүлү ага карады.

- Эчтеке эмес кызым, - деп коюп чыгып кетти ал. Ал чыгып кеткенден кийин Бүбүкан жер карап калды, Гүлия эмне дээрин билбей үнсүз апасын карап коюп отура бергенден тажап:

- Апа, бул врач эмнеге келиптир? - деди.

- Келиптир кызым...

- Эмнеге, деги тынччылыкпы?

- Кызым, эгерде сен туура көрсөң ушул адамга турмушка чыгайын.

- Эмне дейсиз? - Гүлия апасын жаңы көрүп тургандай карап калды.

- Ооба, менин чечимим ушул, ашыкча кетсем кечир кызым, бул үйдө Сапар калат. менин аны бала катары бакканым үчүн бергеним болсун, сен каалаганыңды ал, сенин дагы акың бар...

- Апа, сиз...

- Тариелге өзүң түшүндүрөөрсүң кызым.

- Атам бала үчүн сизди таштап кетсе ошого ызаланып ушинтип жатасызбы?

- Андай эмес кызым, Денис Айткулович мага турмушка чык деп сунуш кылып жатат. Мындай кишинин назарын сындырганым болбойт...

- Кызык болду го апа, заматта экөөң эки жакка кеттиңер, силер үчүн мен бала деле эмес экенмин да, атамдын чечимине эмнеге бат эле баш ийди десе өзүңүздүн дагы күйөөгө тие турган оюңуз бар тура, мага мындай жашоонун эмне кереги бар? - деди да баласын кийинтип өзү кийинип чыгып кетмек болгондо Бүбүкан козголбогон тейде көз жашын агыза:

- Мейли кызым, мени кечип кетсең дагы сүйүп баккан энең экенимди, мээримимдин сен үчүн чексиз экенин, эне болуп сендей кызды өстүргөнүм үчүн кудайга миң мертебе ыраазымын Гүлү! - дегенде Гүлү босогону аттамак болгон бутун тартып алды, артына жалт карады.

- Апа-а!

- Жарыгым, жалгызым!

- Апа! - деп Гүлия жетип келип кучактап калды, алар антип бири-бири менен ыйлашып сыр чечишип отурганда Тариел менен Денис Айткулович экөө шашлык жасап жатып өз ара сүйлөшүп жатышты, Тариел анын айтканына таңгалбады, аны колдоду, Гүлияны өзү көндүрө турган болуп сүйлөшүштү. Анан табакка толтуруп ыссык шашлыкты көтөрүп киришти.

- Мына, шашлык даяр, апа отуруңуз, - деди бакылдаган Тариел, ал экөөнүн ыйлаганын сезди, бирок байкамаксан болуп ала келген коньягын алып келди, - Гүлү чай алып кел.

- Чай даяр, - Гүлия дагы эчтеке билгизбей чайып алып келди, төртөө өз-өзүнчө ойлонгону менен сыртына сөз чыгарбай купуя гана бири-бирин түшүнүп тамактанып отурушуп Тариелдер кайра кетишти, Тариел суз болуп ойго баткан аялын карап коюп келе жатты:

- Тариел, ушул туурабы? - деди Гүлия анын бул сырды укканын сезгендей.

- Гүлү, менимче туура, апам карып калган жок, али элүүгө чыга элек, сендей суйкайган сулуу десе сулуу, акыл-эстүү да, билимдүү кызы бар, түшүнүү менен карашың керек.

- Сен туура деп ойлойсуңбу?

- Албетте, абдан туура.

- Эл туура кабыл алабы?

- Эл деген эл жаным, бирөө көрүп айтат, бирөө көрө албай айтат, эч качан бирөө эмне дейт дебей өз көз карашыңа гана таянышың керек, апамды чүнчүтүп жүрөгүн оорутуп кыйнай бербе, анын дагы адамча жашап өтүүгө, каалаган адамы менен жашоого акысы бар, Денис агай абройлуу адам, мындай адамдар ар кимге эле сөз корото бербейт, апамдын ага жагып калганы кандай жакшы, - деди күлүп.

- Чын айтасыңбы Тариел?

- Мен сага кантип калп же сынап айтам жаным.

- Демек каршы болбой эле койсомбу?

- Эч качан каршы болбо алтыным, апамдын мындай абройлуу, зоболосу бийик адамга чыгышы биз үчүн сыймык, - деп Тариел чын дилинен айтып турду. Гүлия ойлонуп калды, анын бир ою күйөөсүнүн айтканына каршы туруп алса, бир ою өзүнүкүн туура эмес деп эсептеп апасын аяп кетип жатты. Үйүнө келгенден кийин дагы көпкө ойлонуп Алтынайга телефон чалды да анын үнү чыкканда:

- Алтынай, мени угуп жатасыңбы? - деди көңүлсүз.

- Угуп жатам, Гүлү эже бирдеме болдубу? - деди ал кабатырлана.

- Мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Айта бериңиз.

- Телефондон болбойт.

- Анда азыр барам.

- Күтөм, - деди да трубканы коюп ыйлап ийди, Гүлия азыр ээн токойдо жападан жалгыз энесинен адашып калган чаарчыктай дирилдеп турду, жашы отуз бирге карап калса дагы ага эне-атасы тоодой жөлөк экенин сезди, эми экөө эки жакка өз-өзүнчө турмуш жолун улантып кетип жатканы ал үчүн өтө оор болду. Көнгүсү келбеди, заматта экөөнү тең кечип койгусу келди, бирок жүрөгү ачышып ээнсиреп туруп алды, ал ата-энесин кече албайт эле, өзүнө кир жугузбай эркелетип баккан, көзүнүн кареги менен тең айланган сүйүктүү адамдарын ал кыя албайт эле. Эшик такылдаганда жетип барып ача калды.

- Эже-е, эмне болду, коркутпай айтыңызчы? - деп Алтынай аны көрүп эле чыйпылыктап ийди, - Ыйладыңызбы, жездем уруштубу?

- Кел отур, жай сүйлөшөлү, - Гүлия аны өйдө өткөрдү.

- Иши кылса жаман сөз болбосунчу, - Алтынай отуруп жатып да андан көзүн албай ар кайсыны ойлонуп жиберди.

- Апам күйөөгө чыгам дейт.

- Ыя, таежемби? - Алтынай дагы күтпөгөнгө оозун баса калды, - Өзү айттыбы?

- Ооба, өзү айтты, - Гүлия улутуна карады.

- Ким экен ал?

- Өзүн дарылаган врач...

- Чынбы? - Алтынай ойлонуп отуруп калды, Гүлия дагы унчукпай отура берди, - Гүлү эже, менимче таежемдики туура окшойт, - деди Алтынай көптөн кийин.

- Ошондой деп ойлойсуңбу?

- Ооба эже, таежем туура чечим кылыптыр.

- Алтынай, мен түк ишене албай турам, апам кантип турмушка чыгууга макул болду?

- Андай дебе эже, таежемдики туура, ал врач кадыр-барктуу адам экенин укканмын, даражасы дагы өйдө, таежем үчүн бул сыймык эмеспи.

- Тариел дагы ушинтип айтат Алтынай, мен эле көтөрө албай жатам, дегеле түшүнгүм келбейт, азыр экөөбүз Сапарлар жумуштан келсе барып чогуу сүйлөшөлү, балким Сапар дагы өз оюн айтаар, анан биз ошого карап көрөлү.

- Макул эже, - деди Алтынай, эшик такылдаганынан Гүлия туруп барып ачты:

- Ата, сиз...

- Кызым кандай, Баел чоңоюп калдыбы?

- Кириңиз, жээниңиз чоңоюп жатат.

- Айла-анайын десе, кел-келе гой таятаңа, - Садыр небересин колуна алып эркелетип жатты, Гүлия үнсүз Алтынайды карап коет, ал дагы зымыраят, Гүлия чай куюп сунуп атасына атайын тамак асты, анан үчөө сүйлөшүп отурушту, Садырдын жүрөгүндө бир түпөйүл санаа турганын алар сезди, бирок үчөөнүн бири ооз ачып сөз чыгарбады, ар кимиси өз ойлору менен алышып тамак ичип отурганда Садыр кетмек болду.

- Кетесизби ата?

- Ооба, кетейин.

- Сезим жакшы болуп калдыбы?

- Жакшы, бирок оорусу кандай экенин билбейм...

- Эмнеге?

- Караган врач өтө кооптуу экенин айтты, айыгышы кыйын деди.

- Эмнеге антти экен?

- Төрөлгөндө оорулуу төрөлүптүр.

- Ошондой бекен?

- Ооба кызым, кудай деп турабыз, - деп жөнөй бергенде:

- Ата, сиз апам жөнүндө уктуңбу? - деди Гүлия акырын.

- Билем кызым, ал туура ойлогон.

- Кантип, сиз дагы макулсузбу?

- Каршы эмесмин кызым, апаң ошондой бакытка татыктуу! - деди да чыгып кетти.

- Кыз-зык, баары-баары макул, менин оюм менен жүрөгүм менен эч кимисинин иши дагы жок, эмнеге мындай, мен апамды эч кимге бергим келбейт, - деп бакырып отура калды.

- Эже-е, минте бербеңизчи, - Алтынай Гүлияны кучактап калды, - Таежем чынында эле ушундай бакытка татыктуу деп мен дагы ойлоймун, тажездем айтпадыбы?

- Менчи, алар мени бала деп ойлобой, бала катары эсептебей өз-өзүнчө кетеби, атам башка аял алганда мынча болгон эмесмин, апамды ойлосом ичим өрттөнүп кетип жатат.

- Көнүп кетесиз, ал киши абдан маданияттуу адам, таежем бактылуу болот эже.

- Өзүм ойлоп мени сүрүп койгонубу Алтынай?

- Эже, сиз бактылуусуз, түшүнүү менен карашыңыз керек.

- Анда эмне унчукпай эле макул деп күлүп жайнап той өткөрүүм керекпи?

- Эми эже, токтоо болуңузчу, сиз абдан акылдуу элеңиз го, жүрү андан көрө таежеме баралы, Сапар менен Азада келип калгандыр.

- Сени Айдар издебейби?

- Кат жазып телефондун жанына коюп койгонмун.

- Алтынай, менин баргым келбей калды.

- Неге?

- Барбай эле коелучу, мен өзүмдү бир аз басып ойлонуп алайын, сүйлөшөбүз да, - деди Гүлия улутуна карап.

- Макул анда, мен барайын ээ эже, - деп Алтынай Гүлияны жаракөрлөнө өөп-өөп алып анан чыгып бара жатып колун көтөрө жылмайып койду, - Көрүшкөнчө!

- - Көрүшкөнчө, - Гүлия ала кеткенден кийин дагы улутунуп алып: "Менин Алтынайга окшогон өз бир тууганым болсо кана, анын Сапардай бир тууганы бар, неге мен жападан жалгыз төрөлүп калдым экен, жок дегенде бир кыз же уул болсо эмне, атамдар уулду болгондо ушинтип эки жолго түшөт беле, мен ушинтип томсоруп отурат белем, оо кудайым неге мени кумайыктай жалгыз жараттың", - деп босогодо ыйлап отурганда ачык турган эшиктен Тариел кирип келип:

- Жаным, сага эмне болду? - деп Гүлияны өйдө кылып диванга алып барды.

- Мен жалгызмын Тариел, менин иним же агам болгондо атамдар эки жолго түшпөйт эле, эмнеге-эмнеге мен жалгыз төрөлдүм экен?! - деп буркурап ийди.

- Кантет, сен азыр менин Баелимдин апасы, менин сүйүктүү жарымсың, жалгыз эмессиң мен турам, - деди да Тариел өөп жубатып жатты.

- Сенин барың кандай жакшы Тариел, - деп Гүлия улутунуп алып туруп барып жуунуп келди да, - Кечирчи мени, апам күйөөгө чыгат дегенге такыр көнө албай жинди болуп жатам, - деди күлүп, - Кызык, башкалардын өмүрүндө меникиндей болобу же баары ойдогудай сонунбу? - деп улутуна карады.

- Болот жаным, баары болот, беш колдой тең эмес да...

Каныш менен Айша таттуу-тарапаны алып, келинге жоолук алып Жаныбектин үйүнө жөнөдү, алар келгенде Нурай үйдө болчу, ошол күнү бир аз ооруксунуп калгандыктан жумушка барган эмес, Асек ойноп отурат, Гүлү бул үйгө келгенден бери китептерди окуу менен алек. Жумушту үй кызматчы жасагандыктан Нурай бөлмөсүндө креслого отуруп алып ойлонуп отурган, ал Эмилбек агасын ойлонуп отурат: "Неге улуу кишинин назарын сындырдым экен, кийин келгенде кечирип койсом болмок экен, атам менен апамдын арбагына куран окутуш үчүн кайда барам, үйдү сатпай койгондо эмне, анда-мында барып турмакпыз, арбактын ыраазылыгын албасак кантип болсун, Гүлү дагы бой жетти", - деп отурганда:

- Нурай кызым, конок келди, - деп баш бакты Катя.

- Кимдер экен?

- Кудагыйларбыз дейби.

- Аа-а, - Нурай туруп сырткы бөлмөгө чыкканда Батма алардын жанында отурган экен.

- Жеңе, бу киши менин кайненем, бу киши... - Батма эмне дээрин билбей туруп калды.

- Мен төрөгөн энесимин айланайын, - деди Айша.

- Келиңиздер, - Нурай алар менен сыпаа учурашып орун алды.

- Келдик, куданы үйлөнүптүр деп угуп эле келип калдык, - деп Каныш жоолугун белендеп туруп келип салды, андан кийин Айша салды, таттууларын үстөл үстүнө коюп кайра отуруп калышты, - Бактылуу болгула айланайын, куданын жеңилин жерден алган ак жолтой бол, - деди Каныш.

- Жаныбек жакшы жигит айланайын, бизди ушул кыз тааныштырды, бул да болсо насип экен, даамдашып калдык, - деди Айша шыпшына, бул сөздү уккусу келбеген Батма ордунан туруп кетти, ал Катяга конокторго тамак жасоону буйруп чай алып келүүсүн эскертти да өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти, аңгыча Жаныбек келип калды:

- Келиңиздер.

- Келдик, куш боо бек болсун.

- Алганың ак жолтой болуп кайрымдуу болсун куда.

- Айтканыңыздар келсин, - Жаныбек Нурайга бурулду, - Бу киши кудагый, бу киши болсо...

- Биз тааныштык, - деди Нурай жылмая карап.

- Анда жакшы, эмнеге чай-пай алып келе элекпи? - дегенде Катя өзү көтөрүп келип калды, - Катя, конокторго баарын алып кел, - деди да Нурайга кайрылды, - Батма неге келбеди, үйдө беле?

- Ал азыр гана бөлмөсүнө кирди.

- Аа-а тентек кыз, - деп койду Жаныбек жылмая, - Өз оюна келгенин жасайт тентек, Катя Батманы чакырып келчи!

- Макул, - Катя үстөл үстүнө тамак-аш менен бирге коньяктар менен вокалдарды коюп батманын бөлмөсүнө жөнөдү. Аздан кийин Батма келип атасы менен өбүшө орун алды:

- Ата иш кандай?

- Баары жакшы кызым, коноктор менен отурбай бөлмөңө кирип кеткениң жарабайт кызым.

- Макул ата.

- Кана кудагый, нанга караңыздар.

- Биссимилла, - Каныш нанга колун созду, ошол кезде Нурдин кирип келе жатып токтоп калды, ал өзүнчө: "Бул экөө эмнеге келди, дагы бирдеме деп жаткан жокпу", - деп кайра чыгып кете албай басып келди.

- Апамдар келип калган го? - деп учурашып орун алды.

- Келин экөөңөр үйгө барчу жолду унуттуңар, келин алды деген атыбыз бар, үйдө келин жок, уулум экөө унутту бизди, - деди Каныш.

- Апа, - Нурдин ыңгайсыздана карады.

- Туура, - деди Жаныбек, - Кудагый, Батманын акыбалын билесиздер, азыр бир аз өзүнө келип калды, кудай буйруса өз үйүнө дагы барат, туурабы кызым? - деди Батмага карап.

- Ооба ата, сиз айткандай болот.

- Кана кудагыйлар, тамакка карайлы, жакшы ниет менен келипсиздер, маанай көтөрүп отуруңуздар, балдар эми гана катарга кошулду, эмесе Нурайдын келиши үчүн бирдеме деп коюңуздар, - деди эле Каныш менен Айша өздөрү уяла түштү.

- Ооба-ооба, анан эмне...

- Туура-туура.

- Келиңиздер, мындан андан, - Жаныбек күлүп койду.

- Бактылуу болгула куда, Нурай кудагыйдын жолу ачык болсун, аман болгула, - деп Каныш сүйлөп анан коньякты коюп койду, - Мен иччү эмес элем айланайын.

- Мындай болбойт кудагый, сиздер чакырып келтире албас коногумсуздар.

- Мен дагы ичпейм айланайын Жаныбек, болбосо жөн эле албайлыбы, - деди Айша.

- Андай болбойт, Нурдин менен Айдай үйлөнгөндө өзүм ичиргенмин, эми дагы эч кимге айтпайм чын эле тилегиңиздер ак болсо алып коюңуздар, - деп Жаныбек аларга кыстап ичирди, алар бир өз ичкенге шакылдап калышты, анан кетээрде Айша Батманын бөлмөсүнө атайын кирип:

- Кызым, сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деди.

- Эмнени?

- Мен сени төрөгөнмүн, тогуз ай көтөрүп, алтымыш тамырым зыркырап төрөгөнмүн, өзүң дагы эне болдуң, төрөттүн кыйын экенин сездиң, менин дагы төрөтүм оор болуп өзүмдү билбей калганда сени жашырып калышыптыр, ушунча жыл бою сен жөнүндө кабарым болгон жок, эми минтип өз канымдан жаралган наристем экениңди билгенде менден качып жатасың, - деп эмшеңдеп ыйлап жатканда батманын көз алдына өзүнүн толготуп төрөгөнү келип жүрөгү ооруп кетти, бирок ага карабай:

- Эмне кыл дейсиз? - деди.

- Мени энең катары кабыл ал, атаңды...

- Ооба кабыл алдым андан эмне өзгөрөт?

- Садагам, таш боор болбо.

- Мен ойлонуп көрөйүн.

- Мейли, мейли кантейин, - Айша ордунан турду. Батма мисирейген бойдон кала берди, Нурдин Айша менен апасын алып кеткен, Батма жалгыз отурганда Жаныбек кирди.

- Кызым, уктай элексиңби?

- Жо-ок.

- Сүйлөшөлүбү?

- Макул.

- Эмнеге маанайың түштү?

- Жөн эле, жакшы элемин ата.

- Кызым, - Жаныбек анын жанына отуруп далысынан аяр кармап өзүнө тартты, - Сен Айша энеңди туура түшүн, ал эне кызым, бул күнөөнүн баары бизде, мындай болоорун ким билиптир? - ойлуу өзүнө жөлөнгөн кызынын чачынан сылады, - Биз да күнөөкөр пендебиз, Айдар жалгыз болбой карындашы болсун деп апаң безилдеп туруп алды, ошондо биз жыйырма беш жылдан кийин сенин алдыңда күнөөкөр болоорубузду билбедик, эгиздин түгөйү деп айтканына маани бербеппиз, балким баладан баш тарткандыр деп ойлодук да жан дилибиз менен сени багып алдык, сен биздин үйгө бакыт алып келдиң, Айдар сени келген күндөн жакшы көрдү, ал дагы жаш эле, багып алганыбызды биле алган жок...

- Ата, мунун баарын айтуунун кереги эмне?

- Түшүнсүн дегеним, апаң болгондо эмне, баарына мен жооп берүүгө туура келип жатпайбы.

- Ата, кыйналбай эле коюңузчу, мен баарын түшүндүм.

- Апаңды жакшы кабыл ал, ата-энени капа кылган болбойт.

- Макул ата.

- Болуптур анда сүйлөштүк ээ? - деди да Жаныбек ордунан турду, - Эс ал кызым.

- Жакшы жатыңыз ата, - Батма жатып калды, көпкө ойлонуп жатып: "Мен неге эчтекени моюнума ала албайм, кабыл алышым керек эле, ал деген эне да, мен үчүн жаман болуп жүрөт, жок дегенде жакшы сөз айтышым керек, апа деп айтуум керек, кудай деле жактырбайт го минтип орой мамиле жасаганымды, көңүлдүн дагы жумшагы жүрөктү жылытат дейт, эне-атама жакшы мамиле жасашым керек, карыган адамдарды нааразы кылбайын, атамдын айтканы туура, бул деле өзүн күнөөлүү сезип жүрөт, ошондуктан аны көп кыжаалат кылбай аларга да, кайын журтума да барышым керек", - деген ой менен бир чечимге келгендей болду. Нурдин ал күнү келбей калды, ата-энесинин үйүнө жатып калды, ал апасына жолдон капа болду. Айша болсо бараар барганча ыйлап барды, аны Каныш жубатып ар кайсыны айтып аны жеткирип коюшкан.

Акмат аялы келгенде үйдө отурган, улгайган неме бир өз ичкенге кызымтал болуп алганынан колундагы уул-келининен тартынып унчукпай отуруп Нурай салып берген таттуу менен бышык этти дасторконго койду:

- Кызың кандай, жакшылап сүйлөшө алдыңбы? - деди Акмат үңкүйүп отуруп.

- Ал кыз бизге боор бербей калды го аман болсун, - Айша капалуу үн катты.

- Канткен менен боор басып алардын өз баласындай болуп калды го?

- Ооба, тайтаңдатып өстүрсө, алдында унаа болсо, айтканын илгиртпей аткарып турса оңойбу, көзүн ачып апа-ата деп тили чыккандан ошолор бакса бизге кайдан боор берет, унаасына май деп убара болбойт, чөнтөгүндө акча...

- Ошондо да жүрөгү таш болуп калган го ал кыздын.

- Кой чал антип нааразы болбо, ата нааразы болгон болбойт, эненики эчтеке эмес дейт, акыры токтолот, анан өзү эле ийиге баштайт, өйдө-төмөндү ылгап акыл-эсине салып таразалайт, - деди Айша, кантсе дагы эне эмеспи, дагы деле өз баласын жаман сөздөн сактап калгысы келип турду. Айрыкча эненин мээримине не деген нерсе тең келе алат, чалкыган көлдөй терең мээрими менен жан-жаныбарды да сүйүп багат, адам баласына эмес айбанга жамандык каалабайт, ошол эне азыр минтип балапанын коргогон чымчыктай чырылдап эчен жылдар бою капарсыз жүрсө эми анын барын билгенден бери төрөгөн күнү эсине келип: "Ошондо ушул УЗИ дегени болгондо эмне, жашыра алмак эмес, эсимди жоготуп койгонумда пайдаланышканын кара, колума бир кызымды карматып бирин алып калышса да билбей калганымды айтпайсыңбы, эми мени бир эле жолу апа деп койсо кана", - деп ойлоно берет. Акмат болсо Жаныбектин айтканына теригип баргысы да эстегиси да келбейт. Бирок ал дагы өз канынан жаралган денесинин бир бөлүгү болгон кызын өз жанында, карамагында болуп, балдары менен чогуу аралашып батып кетсе болот эле деген ойдо болгону менен анын тоңдоосун мамилеси, боор бербей Жаныбекти аталап турганы аны абдан көңүлүн чөгөрөт. Ошого кыйын кара болуп жүргөн эле.

- Өзү дурус эле болуп калыптырбы? - деди Акмат көптөн кийин.

- Эми жакшы эле экен буйруса, өңү да дурус.

- Ошондой эле болсун, ооруба эле жүрсүнчү.

- Деги ал бизге кошулайын дейби? - деди Турдубек апасына кайрылып.

- Кошулганды айтат, ата-энесин моюндабай жатса.

- Ата ошол жылы кимдер төрөтсө изилдеп сотко бербейсиздерби.

- Мени төрөткөн неме ошондо элүүгө барып калган аял эле, аны кайдан табабыз, азыр ал аял болсо деле жетимишке таяп калды го, мен анда отуз алтыда элем, минтип карып калдым, аны изилдеп жүрмөк кайда? - Айша үшкүрүп алды.

- Анда ал балким ишенип-ишенбей жүргөндүр да.

- Анын союп каптагандай өңү-түсүчү балам, Тинатиндин сүрөтүн көрүп аябай таң калды го Жаныбек деле, баягы ооруп калганда Айпери кан бериптир, баары эле ачык-айкын болуп турбайбы ботом, өзү көнө албай жатабы, же атасынан өтүнө албай жатабы билбейм, өтө эле боору катуу экен, - деди Айша.

- Ошо, бул кыз Жаныбекти эле кыя албай жатат, - деди Акмат, - Баягы уурдап кетчүдө ошолор сураган акчаны бүт эле врачка төлөп коюптур да, кызымды аман алып кал деп.

- Миллиондубу? - Турдубек таңгала карады.

- Ооба, акыры кызымды куткаруучу акча болгондон кийин ден-соолугуна жумшалсын дептир, кыскасы аларга деле кыйын, жанагы баласы Батма көзүн ачкыча ошол жерден кетпей ыйлап отурбадыбы бечара.

- Эмне дейли, аман болсо болду дегенден башка сөз жок.

- Ошол да, бизде кайсы амал, - деп унчукпай калышты, чынында ошондой эле да, эгерде Батма дароо эле ата-апа деп көнүп кете ала турган болсо булар канчалык кубанаар эле, бирок ал такыр моюндай албай өзү дагы кыйналып жүрбөйбү бечара. Тагдырың түшкүр эне баланы минтип эки ортодо чайналтып, аны менен бирге үчүнчү-төртүнчү адам дагы кыйналып жатканы ачык, Жаныбек андан, Айдар мындан өзүнчө ойлонуп жүргөн кездери. Айдар: "Эмнеге багып алышты экен, мындай боло турган болгондон кийин багып кереги жок эле да, Айдайга эле жаман болду, байкуш апам ай, мени жалгыз калат деп ойлогону менен эми андан дагы кыйын абалда калбадымбы, карындашым бар деп жүрүп анын башка экенин билгенден бери эмнелерди ойлободум, аны такыр өз турмушумдан чийип салуу оңой эмес, күнү-түнү оюмдан кетпей ага боорум ооруп кетет, же эч кимиси жок бирөөнү бакса болмок, ага дагы бизге дагы маселе жаралбай эч нерсе билбеген бойдон калмакпыз", - деп ойлоно берет. Кимди күнөөлөрүн билбей башы катат, Алтынайдын башынан өткөнүн эстеп аны аяп турат, аны өзү сүйүп алганына жараша тың, жароокер жаркылдаган жар болду, бирин-бири сыйлап, аяп оорун колдон алууга даяр. Алтынай экинчи жолу кош бойлуу болуп уулун Нурайга алып келип беришкен, ал өз баласындай бөпөлөп багып жакында эле өзүнүн дагы кош бойлуу экенин билгенден бери кубанып калды. Ал Жаныбекке бир күнү жаткандан кийин:

- Жаныбек, бир нерсе айтсам болобу, же капа кылып аламбы? - деди.

- Айта гой жаным, сен мени капа кылчу сөз айтпайсың, - деди бекем кучактай аймалап.

- Билбейм, балким сага жакпас...

- Кана айтып көрчү, мени ошончолук капа кылып сени убайымга салчу кандай кеп? - деп ага карап жатты, - Кана алтыным сүйлө.

- Мен кош бойлуу болуп калдым, эгерде...

- Эмне, сен ушуну жактырбай калат деп сары санаа болдуңбу?

- Ооба, сен каалабасаң алдырып...

- Жо-жо-жок жаным, бул жаңылыгың мени абдан кубантты, алдырам дегениңди укпайын, менин толуп жаткан балдарым бар беле? - деп кубана өпкүлөп, сылап сыйпап кирди, - Демек айчүрөгүмдөн балам болот ээ?

- Чын эле кубандыңбы?

- Албетте, бир эмес бешти-онду төрөсөң дагы даярмын.

- Ырас элеби? - Наздана жылмайды.

- Ананчы, Айдарымдын бир тууганы болот, жалгыз болбой калат.

- Ыраазымын, ушуну сага айтуу кыйын болду, эмне дейт деп эле өзүмчө кыжаалат болуп жаттым да.

- Мындан ары андай дебей жүр, оюңду тартынбай айтып кеңешкидей бол, сен менин эң жакын адамым, жанымдын бир бөлүгүсүң ардагым, мени менен эч тартынбай эле сүйлөшкүдөй бол макулбу?

- Макул.

- Алтыным, жаным биргем менин.

- Чынымды айтсам сенден уяла берем.

- Бир төшөккө денелерибиз биригип жатса делеби? - Жаныбек күлө карады.

- Ооба.

- Анда сен мени улуу деп жакшы кабыл ала албай ирээнжип жүрсөң керек?

- Жо-ок, андай деле эмес, бирок өзүмдү жаман сезе берем.

- Антпе алтыным, сен менин денемдин бир бөлүгүсүң, кудай буйруса түбөлүккө бир болуп өмүр сүрөбүз, менде эмне болсо баары сеники, түшүндүрүп жатты, Нурай баарын билип-туюп турса дагы жүрөгүнө баш ийе албай жаткан эле, баягы кыйын учурда өзүнө кол сунуп жакшы айтып өйдөдө өбөк болуп ачка болгондо тамагына айланган бул адамды күтүп, ал келсе эс ала түшкөнү жөн гана жакын адамы катары сыйлаганы тура. Анын айтканы менен болуп тагдырына баш ийип тынч жашагысы келгенин эми сезди, бирок анын жүрөгүнө жаккан адамды кээде жер жүзүн кыдырып издегиси келип кетчү болгон: "Эми кайдан, адам болуп бул адамды кубантып коюп кайрадан кайда тентимек элем, анда жаман адам карды тойсо мурункусун эстеп кускусу келет дегендей мен ичкен кудугума түкүргөн болом, көңүлүм жайланып, кардым тоюп калганда сүйүү издегеним кантип болсун, мен сүйбөсөм дагы мени сүйүп, мен үчүн баарына кайыл болгон адамдын назарын сындырганым болбойт", - деп ойлонуп жатты, Жаныбек аны бир жакка качып кетчүдөй бекем кучактап тумшугуна тумшугун тийгизип алып уйкуга кирген, ал кийинки кезде Нурай үчүн бир иш жасап жаткан: "Адамдын өмүрү кыл учунда эмеспи, кокус болсом Нурайга эч нерсе тийбей калат, ошондуктан ага өзүнчө чакан фирма ачканы имарат издеп таап түптөп коеюн", - деп ойлоп жүргөн. Нурай аны билбейт, болгону аны сүйө албай ичтен кыйналып жүргөн кези эле, чынында аны сыйлайт, аргасыз көнүүгө өзүн мажбурлап жүргөндө минтип кош бойлуу болуп калганы аны кубантпады, бирок Жаныбекке айтпай алдырып салайын деп да ойлогон, бирок алдырууга кантип дитим барсын, сен жакшы адамдын данегисиң, аны мен жарыкка чыгарбай туруп жок кылууга акым дагы жок, сен жашайсың берекем, Асегим жалгыз болбой инилүү болсо мен дагы бир жолу эне боломун", - деп ойлонуп жата берди. Ошондон эки-үч күн өткөндө Нурайдын туулган күнү эле, Жаныбек ага сюрприз кылмак болуп Катяга керектүүнүн баарын алып берген, Нурай ошол күнү жумушунда болчу, Гүлү Асек менен Анварды карап калган. Жаныбек ордунда отурган Нурайга шашылыш жумушу барын айтып эртерээк чыгып кетти да өзүндө иштеген Кылыч деген бухгалтерине Нурайды жумуштан кийин үйгө жеткирип коюусун айтып койду. Нурай эч нерсе оюнда жок эле эми кетмек болуп жатканда Кылыч келип алып барып коюп кетти, ал келгенде үйгө кирип келсе эч ким жоктой тымтырс болуп турганынан: "Булар кайда кетип калды, Гүлү балдарды уктатам деп өзү кошо уктап калган го, Катя эже кайда кетти экен, эмнеге үй ичи аңгырап калган, же жарыкты күйгүзүшпөптүр", - деп жарыкты күйгүзмөк болгондо жарк этип күйүп эле Жаныбек баш болуп чыга калышты.

- Туулган күнүң менен!

- Туулган күнүңүз менен!

- Куттуктайбыз! - дешип эле жабыла аны өөп куттуктап калышты.

- Ой деги эмне болуп жатат? - Нурай аларга таңдана кубанычтан жүзү албыра аларды карады, - Кантип билдиңер?

- Билебиз, - деп Жаныбек аны колтуктай залга алып барды, дасторкон жайылып үстүндө дүйүм тамак, ортосунда үч кабат тортко: "Нурай, туулган күнүң менен!", - деген жазуу бадырайып турат, - Мен сага айтпай өзүм жасагым келди, эми коноктор келет, - деди Жаныбек. Айдар менен Алтынай, Нурдин менен Батма экөө, Каныбек менен Гүлзина, дагы башка туугандары келишкен. Жаныбектин конок келет дегени Рустам кудасын чакырткан, анан Нурайдын таежеси менен Эмилбекти атайын алдырган эле, аңгыча алар келип калды. Жаныбекке Нурай ичинен абдан ыраазы болуп турду, анткени агасын көп ойлонуп кечиримдүү болууну, өткөндү унутуп ызасын таптакыр кетирүүнү чечкен менен алгач болуп кадам таштоодон тартынып жүргөн эле. Эмилбек Салкын экөө урушуп талашып жатып белек алып келишкен. Чынында Эмилбек кийин элдин нааласын угуп уялып калган, эми барбалактап кубанычтуу:

- Садагаң кетейин десе, менин бир тууганым, аман-эсен жүрөсүңбү, туулган күнүң кут болсун! - деп кучактап өөп бооруна кысты.

- Туулган күнүң кут болсун Нурай, - деп Салкын дагы аны өөп куттуктады. Баары келип куттуктаган соң дасторконго отурушту. Нурай агасы менен жеңесин улам карап коюп: "Аттиң, кечире алам го, бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү өкүнүч менен арман эч качан өчпөс, неге мындай болот, мен жаман окшойм, кечиримдүүлүккө бара албайм го, келсе келишээр, чакырса бараармын, бирок эч качан бир туугандай боло албайм", - деп ойлоп алды. Жаныбек ага алтын жасалгасын тартуулады. Ошентип ал күн Нурай үчүн өмүрүндөгү эң бактылуу күндөрдүн бири болду, бала кезинде он бешке толгондо бир ата-энеси туулган күнүн өткөргөн, ошол ата-энеси менен өткөргөн акыркы бактылуу күнү болуп калды. Андан кийин ыйлап-сыктап жүрүп туулган күнүн өткөрмөк турсун унутуп да калган болчу, бүгүн деле оюна келбеген жерден билди, көрсө Жаныбек мурунтан эле чакырчуларды айтып койгон экен. Коноктордун баары ага бак-таалай, узун өмүр каалап эртеси кайтышты, Нурай күндөгүсүндөй эле жумушуна келип жаңы эле отурган болчу, Кылыч кирип келди.

- Нурай жеңе, Жакем барбы? - деди ал сырдуу жылмайып:

- Ал жок, бүгүн бир иштерим бар кеч келем деген.

- Жүрбөйсүзбү, бирге тамактаналы.

- Мен эми эле келдим.

- Сиздей чүрөктү Жакем кайдан таап жүрөт? - деп тийишип кирди.

- Эсиңер менен болгулачы, кандай ишиңиз бар?

- Деги да, жаштар таппаган Жакеме жолугуп калганыңызды кара.

- Чыгасыңарбы же мен чыгып кетейинби? - Нурай ачуусу келе ордунан тура калды.

- Жо-жок, менин кеткеним туура болоор, бирок сизге ашык бир кайниңиздин сиз үчүн күйүп-бышып жүргөнүн эсиңизден чыгарбаңыз, - деп жылмайып коюп чыгып кетти.

- Уятсыз, - деген Нурай жинденип отуруп калды, бир-эки сааттан кийин Жаныбек келип калды, экөө бирге тамактанышты да кайра офиске келишти, жумуш сааты бүтөөрдө бир аял келди, кырктардагы аял кирип эле:

- Айбалаев Жаныбек деген сизби? - деди.

- Ооба-ооба отуруңуз.

- Мен бир иш менен сизге келдим, - деп аял ыңгайсыздана орун алды.

- Айта бериңиз, кандай иш менен келдиңиз эле?

- Мен... - Аял мукактана жер карап колдорун ушалап саамга отурду, - Мен сенин карындаштарың болуп кетем, атам Айбала менен энелеш экен уккандырсыз?

- Укканмын, сиз ошол Шааболоттун кызысыңбы? - деди Жаныбек.

- Ооба, мен жалгыз кызмын, атам уул бала көрбөй кетти, - Ыйлап кирди.

- Жакшы, - Жаныбек туруп келип көрүштү, - Карындашым турбайсызбы?

- Ооба, сиздерди угуп жүрчүмүн, каттай албадым, бала-чака турмуштун оорчулугу...

- Эчтеке эмес, мына каттайт деген ушул, атыңыз ким?

- Жээнайым, атам оорукчан болуп каттай албады, чоң атабыз жиберчү эмес экен, кийин өзү өлөөрдө сиздерге кабар айтсак барган киши болгон жок.

- Бизге кабар келген жок, апам көп айтын калчу, атаңдан улуу агасы бар имиш, апам айтып жүрүп көзү өттү деп, атам бир барса кабыл албай койгон тура, ошондо абдан капа болуп келди деп айтып калчу, - деди да, - Эмесе үйгө баралы карындашым, мындай жерден кеткениң болбойт деп кагаздарын жыйыштырып кирди:

- Аке, менин сизге ата-тегимди айтып келген себебим башка, уулум авариядан кийин оорукчан болуп ооруканада эле, куураган жетишпестик белчебизден басып дарылатканга кудуретибиз жетпей оор абалда, - Жээнайым бышактап ыйлап жатты, - Ошого жардам сурап келгенмин, айла жок келүүгө мажбур болдум.

- Келгениң жакшы, кай ооруканада?

- Республикалык ооруканада?

- Кеттик, барып көрөлү, - деп сыртка чыгып, - Нурай, бул менин карындашым экен, - деп анан Жээнайымга карады, - Бул жеңең болот.

- Жакшысызбы? - Жээнайым өзүнөн бир топ кичүү болсо да ушинтти.

- Жакшы.

- Кеттик анда, биз менен чогуу жүр, - деп үчөө сырттагы унаасына отуруп ооруканага келишти, Жаныбек адегенде оорулуу баланы көрүп анан врачка сүйлөштү, анан чыгып келип, - Кам санаба карындашым, кабатыр болоор жайы деле жок экен, эми өздөрү дарылашат, үйгө баралы, - деди.

- Кандайча, өтө оор көп акча талап кылынат дебеди беле?

- Кам санаба дедим го, баары жакшы болот, - деп алдыга басышты, ал врач менен сүйлөшүп керек деген беш миң долларды эртең берип иймек болгон эле, аны Жээнайымга айтпады: "Бергенин колко кылган азаматтын иши эмес, жакшылык кылсаң айтпай жаса, мактанып сөз кылба", - деген атасынын сөзүн ар дайым эске алчу. Жээнайымды үйүнө алып келип коноктоп эртеси колуна миң доллар берип, кийим-кече кийгизип анан өзү жеткирип бармак болду, ага ал кубанып калды.

Чынында Жээнайым: "Жакшы кабыл албайт го, атам өмүрү каттабаптыр, өлгөндө келишкен жок, башыма иш түшкөндө жетип барсам жакшы кабыл алмак беле", - деп ойлоп аргасыз келген болчу. Эми агасынын жанында кубанып бара жатты, өздөрү жок жарды турушчу, андан арданбады, атасынын туугандары каттачу деле эмес, ал күйөөсүнө көтөрүңкү көрүнгүсү келип турду: "Атамдын аталаштары менин колумда жогунан катарга алышкан жок эле, Жаныбек энелешинин баласы, башында эле каттап алсам болмок экен, бакыйган бир ишкананын жетекчиси экенин угуп барганым жакшы болгон экен, Камчыга бир көрүнүп калайын", - деп кубанып келе жатты. Алар келгенде Камчыбек сыртта жүргөн эле, Жаныбек баш ийкей учурашты.

- Салам Алейкум! - колун сунду.

- Аллейким салам, - Камчыбек чоочун адамга сыпайы кол узатты, - Келиңиз...

- Камчы, бул киши мен айтып жүргөн агабыздын баласы Жаныбек акем, - деди Жээнайым күйөөсүнө.

- Жакшы-жакшы, үйгө кириңиз, - деп Камчы үйгө баштады, эскилиги жетип ар кайсы жеринен шыбактары түшүп калган жупуну тамдын көрүнүшү эле алардын жетишпеген турмушта жашаганынан кабар берип турган эле. Үйгө кире бергенде эле босогодон төрүнө чейин тээ он тогузунчу кылымдагы жашоону элестетип алды Жаныбек ортоңку кире бериш бөлмөсүндө кемеге бар экен, андан оң жакта бир эшик, сол тарабында бир эшик көрүндү, Камчы аны сол жак бөлмөсүнө ээрчитип кирди, эскирип ар кайсы жери жыртылган шырдак үстүндө эскилиги жеткен төшөктөр салынуу, ортосунда чай ичкен үстөл турат.

- Төргө өтүңүз аке, - деди Жээнайым кысына.

- Жээнайым, мен нан ооз тийип эле кетейин, - деди Жаныбек көчүк басып жатып, - бир күнү жай келип кетээрбиз, дайныңарды билип алдым, буйруса уулуңар сакайганда чогуу келебиз.

- Аке отуруп...

- Жо-ок, менин иштерим бар эле, сенин үйүңдү көрүп алайын деп эле келдим, мындан ары катышабыз буйруса, биз Айбаладан экөөбүз эле, сен дагы менин бир тууганымсың, чоң энемди мен билбей калдым, баласынын калып калганын көп айтчу экен, көрө албай кетти, биз анын неберелери а кишинин тилегин орундатуубуз керек, кол үзүшпөйбүз эми, - деди да кара ундан жасалган нандын четинен ооз тийип ордунан турду.

- Тамак ичип кетсеңиз болот эле...

- Рахмат карындашым, жай келебиз... - деди да Камчы менен коштошуп унаасына отуруп жөнөп кетти.

- Ой кантип таптың? - деди Камчы ал кетээри менен.

- таптым да, абдан жакшы кишилер экен, менден бир-эки жаш эле улуу окшойт, аябай сыйлады, баланы болсо врачка дайындап койсо тызылдап карай башташты, акча бар жерде аброй да кадыр-барк да күчтүү болот тура, - деп Жээнайым ойлуу туруп калды.

- Ошону эми көрүп жатасыңбы, атам замандан эле ошондой.

- Үйүбүздүн кебетесинен уялдым, ушул заманда дагы мындай жашоо бар тура деп кетти го, - деп күйөөсүнө карады, - Өмүр бою арактын кулу болуп жүрүп адамча жашоону да билбей калдык.

- Акең эмне дейт анан?

- Эмне демек эле, үйүнө бардым, жакшы коноктоду, заңгыраган үйүндө кызматчысы бар экен, аялы абдан жаш, тим эле куурчактай болгон неме чоюлуп өзү менен иштейт тура, - Жээнайым чөнтөгүнөн оодарып акча алып чыкты, - Бул миң долларды кийитиң деп берди, көйнөк-көнчөк деле берди, бирок муну дагы колума карматты.

- Ой келе берчи, доллардын өңүн көрүп колума кармап көрөйүн, - Камчы колун сунду.

- Сен экөөбүз доллар эмес сомдун иригин кармап көрө элекпиз го, балдарыбыз сени тартып бош болду, жанагы чоң келин болсо баланы жибербейт, же бир каралашпайт, Замир болсо сенден бетер ичип туруп алды, биз тарбиялай албадык окшойт, кызыбызды дагы күйөөсү басынтып жүрүп бүттү, же экөөбүздүн колубуздан болсо келбеди, - Жээнайым кейип отурду, үч эркек эки кызы бар, бирөө үйлөнгөн, аялы менен шаарда турат, бир кайрылып келбей койгон. Экинчи баласы үйгө токтобой ичип жүргөн, айтпаганга жонбогон дегендей кызын колунда бар үй-бүлөөгө барса калың да бербей каадасын да кылбай койгон, эки балалуу болсо дагы каттабайт, Жээнайым барып калса тоок союп берип жолго салат. Ошондо кызы ыйлап-сыктап: "Мени жиберишпейт, барсаң кайрылып келчү болбо, балдарды алып барбайсың дешет, эл катары жашабайсыңарбы, качан оңолосуңар", - деген. Ошол бойдон бара элек. Жээнайым ыйлап алды.

- Байбиче, эми ичпей калдым го, бул акчага үйдү оңдотпойлубу? - деди Камчы.

- Өзүң эле оңдо, жаз алды менен ачып жап, - деди Жээнайым.

- Ошентели, бу кишини деле кудайым бизге кезиктирди да, - Камчы ойлонуп отуруп калды... Жаныбек жеринен боорукер, Жээнайымдын начар жашоосу анын зээнин кейитти: "Бул жашоого бир келип кете турган конокпуз, анда неге теңчилик жок, өмүр бою ошол үйдө жашап келе жатышканын кара, Шааболот атабыз жөн эле адам болсо керек, анын деле колунда болгон эместир, кой менин жакыным эмеспи, чоң энемдин арбагы үчүн мен аларга жардам беришим керек, балдарын ишке тартып өздөрүн шаарга алып келип коеюн", - деп ойлонуп келе жатты. Бирок ал дал ошол жээндеринин колунан бир күнү өзү жаздым болоорун билбеди. Нурайдын тамакка табити тартпай өңүнөн азып бара жатты, ага өнтөлөп:

- Нурай, кандай нерсе жегиң келет, айтчы алып келейин, - деди Жаныбек.

- Эчтеке, Асек боюмда барда деле ушинткенмин, өтүп кетет.

- Алма, же мандарин жегиң келеби?

- Ой Жаке алар турат го? - деп Нурай күлүп калды.

- Арыктап өңүңдөн азып кеттиң.

- Эчтеке эмес, дагы эки-үч ай кыйналсам ордуна келип калат.

- Корком, арыктап эле бара жатасың.

- Коркпо-о атасы, аялдардын көнүмүш мезгили да.

- Ошентсе дагы бирдеме ичип турсаң боло.

- Ма-акул - ма-акул, айтканыңдай болот, - Нурай наздана карап жылмайып койду, - Биз азыр экөөбүз, анан бир күнү кардыбыз тойбой сенин шаштыңды алабыз.

- Ошондой эле болсун.

- Жаке, уул же кыз болушун каалайсыңбы?

- Аман-эсен төрөп алсаң болду, кызы уулбу аман болсун.

- А мен кыз болушун калайм.

- Эмнеге?

- Өзүм кызды жакшы көрөм.

- Мейли, сен каалагандай болсун, - Эркелете курсагын сылап койду.

- Иши кылса аман-эсен жарыкка келип алсынчы, - Нурай ойлонуп жатып калды, - Баягы жээниң жакшы болуп калдыбы?

- Ооба, эми кирип чыгып калыптыр.

- Жакшы болуптур, карындашың келбей калды го?

- Шарты жоктур, - Жаныбек кыска жооп берип чалкасынан жатып калды, ал көптөн бери орточо салынган там издеп жүргөн.

- Жашоолору начар окшойт ээ?

- Ошондой экен, күйөөсү да жоош момун адам тура.

- Балдары чоң бекен?

- Ооба, - деп сүйлөгүсү келбеди, Нурай дагы унчукпай калды. Арадан бир ай өткөндөн кийин төрт бөлмөлүү үй таап акчасын берип анан оформлениени кийин жасамак болуп дароо Жээнайымдарга барып айтты эле экөө тең кубанып кетишти, керектүү буюмдарынын жарактуусун алып ошол эле күнү көчүрүп баса берип паспортун сураса экөөндө тең жок экен. Сүйлөшүп документтерин даярдагыча бир топ өтүп кетти, кичүү кызы окубай калыптыр, он алтыда экен. Колдоруна акча берип үйүнө буюм тайып алып алууну айтты эле Жээнайым ыйлап туруп алкап жатты. Алардын кабары куда-кудагыйларына жетип, Жаныбектин дарегин угушуп кызынын, келининин кайын журту үйүн көргөн болуп сынап келишти да шыпылдап Жаныбекке таанышууга аракет кылып калышты. Улуу баласы Дамирди, Замирди жумушка алды, Эмири ооруканадан чыккандан бери үйүндө, иштей албайт эле, кызы Айсаамай менен Аксаамай ушул учурда апасына абдан ыраазы болуп жатты, күйөө баласы дагы мурункудай болбой келип кетип калчу болду. Айбекти дагы жумушка алып айлык акыны жакшы төлөй турган болду, бул Жээнайым үчүн жөн эле кайыптан түшкөндөй иш болду. Ата-арбакты сыйлоо тирүү адамдын парзы болгондуктан Жаныбек бир союш алып келип баарын өзү даярдап Жээнайымдын атасына куран окутту. Замир өтө бейбаш, жашынан үйгө токтобой бейбаштар менен жүргөн неменин оюу башкада болуп арам оюн ишке ашырууга даярданып калды. Жаныбектин үйүнө конок көп келгендиктен ал жээндерин үйүнө чакырып кой сойдуруп, иштерин жасатып башкадан көрө өзүм деп эт берип үйүнө жөнөтчү. Чай-тамагын бергенде Замир үй ичине көз жүгүртүп: "Мында акча көп болуу керек, менин кылганымды кантип биле коймок эле, сөзсүз өндүрүү керек", - деп ойлонуп жүрдү. Аңгыча Нурай төрөп калды, уул төрөп атын Атай деп коюшту, таежелери ага бешик алып келип беришти, Эмилбек Салкын экөө, Мусабек аялы менен Эмилбектин улуу баласы болуп баласын көргөнү бир тай алып келишти, анткени Эмилбектин баласы дагы эптеп Нурайдын арты менен жумушка орношууну көздөгөн. Алар чогуу келгенде Жаныбек жээнтек берип, Жээнайымды күйөөсү менен чакырып алды. Алтынай дагы төрөп калган, алардын баласына Элдар деген ат коюшкан, жээнтек тойго жылкы союп ресторанда өткөрүштү. Нурайдын бактысы жанып уулу Асек Жаныбектин өз баласындай өсүп датты, Батма менен Нурдин үйүнө кетишкен, Катя өз ишин былк этпей жасап түрмөдө өткөн күнү эске алгысы келбейт, тынч гана өмүр сүрүүнү ойлонуп калган эле. Жаныбек Нурайга ар бир майрам сайын, уулун төрөгөндө туулган күнүндө алтын жасалгаларын белекке берип турат. Бирок ал өтө эле алтынга жакын болбогондуктан эки жакка бараарда эле улам алмашып тагына койчу, жөнөкөйдө үйдө эле турат. Гүлүгө жакында дагы алтын белек кылган. Замир негедир Гүлүгө жакындай баштады, анын максаты ал үйдө сейф барбы билүү эле, бирок кыз аны сүйүү деп атап сыртынан күлмүңдөгөн жаш жигитти өзү дагы жактырып калды. Бир күнү түштөн кийин Замир келип Гүлү менен сүйлөшүп калды:

- Гүлү, жолугуп турбайлыбы, - деди ал шыпылдай.

- Эмнеге, мени эжем урушат.

- Сен эми чоңоюп бой жеткен кызсың го?

- Ошол бой жеткен кыз үчүн жолдо жүрүү уят дейт эжем.

- Кызык, азыр ал заман өткөн да.

- Баары бир кыргыз кызы тартиптүү болушу керек дейт.

- Ой ал эски салт да.

- Мен эжемдин сөзүнөн чыкпашым керек, ал менин апамдай карайт.

- Жакшы экен, таажеңенин тартиби катуу дечи? - Сынай күлдү, - Анда үй ичинде деле сүйлөшсөк болот го, Жаныбек сенин жездең, а менин тагам, туурабы Гүлү?

- Билбейм, - Гүлү уялыңкы жер карады.

- Сени ала качып кетсе кантет? - деди каткыра.

- Ки-им? - Гүлү ага алая карады.

- Мисалы мен, же дагы бирөө...

- Жездем алып баса берет болуш керек.

- Эмне үчүн?

- Ал мени окутам деп жатпайбы.

- Аа-а, студент болгуң келет да анда?

- Ооба, окугум келет.

- Окуган жакшы шартың болсо, тагамдын байлыгына сан жеткис дейт, сендей он кызды окутууга чамасы жетет го, акчасын үйгө сактабайт чыгаар? - Жай сураган болуп карады.

- Мен билбейм, банкта сактайт го?

- Болушу мүмкүн, таажеңем айтпайбы?

- Мен кызыкпайм деле аны эмнеге сурадың?

- Жөн эле сурадым го, күнүнө миллион айланганын сездим да.

- Билбейт экенмин, бара-бара завод-фабрикага айлантабыз деп жатканын бир укканмын, болсо болгон чыгаар, - Гүлү ийин куушурду.

- Гүлү.

- Ии-йи.

- Мен сени жактырып бара жатам, балким сүйүүдүр? - Кызды сынай карады.

- Болушу мүмкүн эмес, силер тууган болсоңор...

- Кайра жакшы болбойбу, - Күлүп койду: "Канчалык сага жакындаган сайын акчанын жыты жыттанат", - деп ойлонуп алды.

- Эжем билип калса мени урушат, - деп Гүлү үйгө кирмек болду эле Замир аны менен кошо басты. Гүлү кысына өз бөлмөсүнө кире калганда Нурай чакырып калды эле Замир билмексен боло баш бакты:

- Тажеңе, мени чакырдыңызбы? - деп бөлмө ичин көз жүгүртүүгө үлгүрдү, төр жагындагы темир ящикти көзү чалды.

- Жо-ок, сен качан келдиң эле? - Нурай ага таңдана карады, үйдө жумуш жокто бул эмнеге келди дегендей көз карашта эле.

- Жөн эле келгенмин.

- Аа-а, - деген Нурай: "Ушунун көзү жаман дегеле", - деп жаман көрүп алды ичинен.

- Эже чакырдыңызбы? - деп Гүлү келип калды.

- Кайда жүрөсүң, дайының жок да.

- Сыртка чыккам эже.

- Сейилдегиң келип калдыбы, баланы алчы, - деп орой карап алды, ал Замирдин ага жологонун каалабас эле, азыр ошону менен киргенин сезди, ошого сиңдисин акшыя карап бөлмөдөн чыгып жөндөн-жөн эле бирөөнү күткөнсүп турган Замирге жини келип, - Сени Жаныбек чакырды беле? - деди.

- Жо-ок тажеңе, иш болсо жардам берейин дегем, - Замир көзүн ала качты.

- Жумуш болсо тагаң өзү айтат, - деп коюп ашканага кирип кетти, Замир бул сөз кет дегенге барабар экенин билип акырын жолуна түштү: "Шашпа, жан жериңди сыйрып кемер кылып курчабасамбы", - деп кекене кетип бара жатты. Бирок ал жакшылап эчтеке биле албай жүрдү. Кийин түз эле Гүлүгө келген болуп келе баштаганда Нурай Гүлүнү урушту эле:

- Эже, мен аны сүйөм, же менин сүйүүгө акым жокпу? - деди ыйлап.

- Эмне, сен ошону сүйөсүңбү? - Нурай көзүн алайта карады.

- Ооба, эмне экен, сүйсө болбойбу?

- Эй кыз, сен мага ушинтип сүйлөгөнгө жарап калдыңбы? - Нурайдын күйбөгөн жери күл боло кыйкырып жиберди.

- Эмне болду Нурай? - деп Жаныбек кирип келди, Гүлү жүгүрүп бөлмөсүнө кирип кетти, Жаныбек экөөнү таңгала карап туруп калды.

- Чоңоюп калыптыр, ошого жиним келип жатат.

- Жиниңди келтирбечи алтыным, чоңойсо чоңоет, өзүнө ишенсе тогуздун күбөлүгү менен жазда окутуп коебуз, - Жаныбек Нурайды тынчтандырды.

- Ал сенин жээниң менен сүйлөшөт окшойт Жаныбек, мен ошол баладан корком, көз карашы жаман, - деди оюн айтып.

- Чыны өткүр жигит Нурай, Гүлү экөөнүн жылдыздары келишсе тим кой...

Бүбүкан Сапарга айта албай кыйналып жүрдү, анан бир күнү аны ээрчитип алып дачага барып мал сатты: "Калган малы деле жакшылап күтүп алса дурус эле", - деп ойлонуп эки жылкы бир уюн сатып унаа алып бермек болду?

- Апа, буларды сатып эмне кыласыз? - деди Сапар.

- Сен каалаган унааны алып берем балам, - Бүбүкан күлүмсүрөп койду.

- Эмнеге, машина алгыс келсе мен деле алып алам го?

- Жо-ок садага, мен өзүм алып берем сага.

- Апа, малга тийбей эле койгондо болмок, - деп кыйылды Сапар, ал өз оюнда особняк үй алып андан кийин гана унаа алам деп кыялданып жүргөн.

- Мен кайда алып бармак элем, сага айдатып алып Азада экөөбүз жаныңа отуруп Гүлүнүн, Алтынайдын анан кудалардын үйүнө айылчылап барабыз да.

- Ой апа-а, өзүм деле алмакмын, азыр айланткан акчам жакшы болуп калды го, эми күркө койдуруп жатам, андан кийин кассага сала баштайм апа.

- Болсун, акча менен жүрөсүң этият бол балам.

- Кудай сактасын, - деп күлүп койду. Эки күндөн кийин алар Гольф-3 унаасын алышты, анан Гүлү менен Тариелди, Айдар менен Алтынайды, Рустамдарды чакырып кой союп бата алып коңшулары келди, Азаданын ата-энеси дагы келген, ошентип Бүбүкан уулунун көңүлүн алды, алар антип жатканда Садыр дагы келип калды. Ал Бүбүкандын оюн билмекке атайын сүйлөшкөнү келген, ага чакырбай койгонуна таарыныч кылып алды, андан кийин ал эл тараган кезде Денис Айткулович дагы келип калды, Сапардын унаасына көрүндүк кылып жанынан үч миң сом берди да эл кетип жакындары калган кезде Бүбүкандын кой дегенине карабай сөз баштады, Сапардан башкалары үчүн жаңылык эмес эле.

- Балдар, менин силерге айта турган жаңылыгым бар, - дегенде Садыр ордунан туруп чыгып кетип калды, Сапар таңгалып атасын узатып чыкты:

- Ата, эмнеге шашып жатасыз? - деди сыртка чыккандан кийин.

- Балам, сен кире бер, мен кетейин.

- Отурсаңыз болмок.

- Жок, бара берейин.

- Макул анда ата, таарынбаңыз ээ? - деп сапар атасын далыга таптай дарбазадан чыгарып анан кайра кирип отуруп калды.

- Сапар балам, - деди аны күтүп отурган Денис Айткулович, - Бүбүкан экөөбүздүн силерге айта турган сөзүбүз бар.

- Эмнеге апам экөөңүздөр? - деген Сапар аларды алмак-салмак карап калганда Бүбүкан оозун сыйпалай жер карап отура берди, - айта бериңиз, эмне деген сөз?

- Биз үйлөнөлү деп жатабыз?

- Эмне-е?! - Сапар Бүбүканды карап калды, Гүлү менен Алтынай дагы бири-бирин карап кайра күйөөлөрүн карап коюп отура беришти, Бүбүкан өйдө карай албады.

- Апаңды күнөөлөбө балам, бул жашоо мыйзамынан баш тарта албайбыз, - Денис Айткулович Бүбүкандын далысына колун коюп таптады, - Мен апаңарды жактырам.

- Бул кызык окуя го? - Сапар ар кимисин карады, - Гүлү эже, Алтынай эже, жезде сиздер эмне дейсиздер, ушундай болушу мүмкүнбү?

- Мүмкүн, - деди Тариел оңдонуп отура, - Туура чечим.

- Туура эле го, таежем туура кылат, - деди айдар дагы.

- Сиздер туура деп эсептейсиздерби? - Баарына карап келип Азадага келди, ал унчукпай эле чай куюп отурган.

- Уулум, - деди Бүбүкан өзүн токтоо кармап, ал муну чечкиндүүлүк менен айтмак болду, - Мени кечирип койгула, Денис Айткулович туура айтат.

- Демек атам дагы билет да муну туурабы?

- Ооба, - деди Денис Айткулович башын ийкей Сапарга жооп кылды.

- Анда өзүңүздөр билиңиздер! - деп Сапар ордунан туруп сыртты көздөй жөнөгөндө:

- Сапар, отур ордуңа! - деди Гүлия, - Апамды биз туура түшүнүшүбүз керек, анын күнөөсү кайсы, бизди сыйлап алдыбыздан өтүнүп турганыбы?

- Ооба Сапар, - деп Алтынай сөзгө аралашты, - Таежеме капа болбо, бул жашоодо баары болууга тийиш, андан көрө жакшы сөздөр менен көңүлүн көтөрүүбүз керек.

- Кантип, биз турганда эмнеге күйөөгө тиет, атам дагы бизди бала ордуна көрбөй тигинтип аял алып кетти, - деп Сапар кайрыла калып ачуусу келгенинен кызарып-татарып аларга карады, - Мындан көрө тээ эбак эле биз жаш кезибизде ушундай кылышпайт беле, мен апам үчүн, апамдын көңүлү үчүн ушул жерде отурам го?!

- Түшүнөм балам, бирок мени кечир! - Бүбүкан ыйлап ийди, Гүлия менен Алтынай аны эки жашынан сооротуп, күйөө балдары менен Азада Сапарга түшүндүрүп жатты, ал күнү Сапар ыйлап эс алды, ызаланды, тагдырына таарынды, акыры унчукпай калды, ошентип Бүбүкан жакын арада турмушка чыга турган болду, алып кетээр күндү белгилеп анан Денис Айткулович кетти, күйөө балдары кетип Гүлия менен Алтынай анын жанында калышты. Экөө аны ээрчитип алып базарга алып барып кийинтип, алтын сөйкө билерик алып берип анан үчөө кафеден тамактанышты, Сапар Азамада экөө кеткен, дем алыш күн болгондуктан Азада үйдө болушу керек эле, Сапарга го дем алыш жок, качан болсо алмашууну жүргүзүү керек. Ошондуктан Азада аны ээрчитип дордой базарына барып Бүбүканга кийим кече алмакка кетишкен, алар дагы алтын шакек сөйкө алышып эми көтөрүнүп чыгып тамак ичкени кафеге кирип келип Бүбүкандарды көрүп күлүп жиберишип келип жанына отурду:

- Ой, силер кайдан жүрөсүңөр? - деди Гүлия озуна.

- Силер дагы келип калдыңарбы? - Алтынай күлдү.

- Бизге айтпа-ай гана өзүңөр келе бердиңерби? - Азада тамашалай күлдү, чогуу тамак ичип алышып анан такси менен үйгө жетип Бүбүканга кийимдерин кийгизип, алтындарды тагып алып тамашалап күлүп жатышты, ошол күнү алар кетишпеди, тамак-аш жасап апасынын көңүлү чөкпөсүн үчүн жанында болушту, кечинде Тариел менен Айдар келип өз бүлөөсүн алып кетишти. Сыртта кар, кычыраган кыштын күнү, Бүбүкан экөөнү узата карап дарбазанын эшигинде турганда Сапар чыгып апасын алып кирди:

- Суук тийип калса ооруп каласыз апа.

- Кудай сактасын уулум.

- Жок апа, эшик суук, жеңил кийинип алыпсыз, алар келишет да дагы эле, - деп колтуктап үйгө киришти, Азада үйүн жыйнап жаткан, орун салып өз бөлмөлөрүнө кирбей эле Бүбүкандын жанына отурушту.

- Балам, жатып эс алгыла эми, - деди Бүбүкан.

- Апа, мага капа болгон жоксузбу? - деп күлүп кучактап эркелеп карады.

- Тентек десе, сага эмнеге таарынам уулум, андан көрө Азада экөөңөр мага таарынбадыңарбы?

- Жо-ок апа, сизге эмнеге таарынабыз? - деп күлдү Азада.

- Садага болоюндарым, мен туура түшүнгүлө, туурабы туура эмеспи өзүм дагы билбейм, силер мени туура түшүнсөңөр эс ала түшөт белем, жүрөгүм эле түпөйүл болуп өзүмчө кыйналып турам, - Бүбүкан ойлуу үшкүрүп алды.

- Кабатыр болбо апа, биз сизди түшүнөбүз, ошол киши сизди капа кылбай сыйлап алса эле болду, менимче жакшы эле адам болсо керек.

- Ооба апа, ал врач кадыр-барктуу адам экен, сиздин көңүлүңүздү оорутпаса эле болду, - деп Азада дагы жаркылдай күлдү, - Биз дагы барып кабар алып турабыз.

- Садагаң болоюндарым десе, силердин барыңар мен үчүн кандай бакыт, - Экөөнү эки жагына кучактап алып көпкө ойлуу отурду, - Эми жаткыла балдарым, эртең жумушка барасыңар, уктагыла балдарым, - Жылмая карады.

- Жакшы жатыңыз апа, - Экөө эки жагынан өөп коюп бөлмөлөрүнө кирип кетишти, Бүбүкан андан кийин дагы көпкө чейин ойго телмирип отуруп анан жатып калды. Ал көп ойлонду, балдарына ыраазы болду, Гүлияны жалгыз дедирбей Алтынай менен Сапардын качан болсо жанында болгонуна, өз балдарындай камкор болуп өзүнө дагы жапакечтенип турганына ыраазы: "Байкуш Гүлүкан, ушулардын чоңойгонун керилген келин болгон кызыңды келишкен күйөө бала болгон уулуңду мага белек кылып таштап кеткен экенсиң, өзүң көрсөң болбойт беле балдарыңдын сый урматын, ажалга баш ийип кете бердиң го жалгызым, тирүү болгонуңда кырк алтыга чыкмак элең, балпайган бактылуу эне болмоксуң, менин минтип Садыр менен ажыратып ичимде от жалындап күйгөнүнө, аргасыздан кайрадан турмуш деген чоң сыноонун казанында кайнаганы турганында сен мага арка-жөлөк болуп сырымды сага аймакмын, чер жазыша сүйлөшмөкпүз, аттиң сени мага кудайым ыраа көрбөй жалгыз калдым, анысы аз келгенсип жалгыз кыз менен калдым, жараткан сенин балдарыңды мага өз баламдай кылып берди, эми ошолордун ырахатын көрүп жатам бир боорум", - деп ойлонуп жатып уйкуга кеткенин өзү дагы билбей калды. Дал ошол учурда Нурай төрөп Гүлия болуп барып көрүштү, конок болуп наристени көрүп кайтышты, алар эми келгенде Рустам менен Асия келип калды, алар базарга келип учурашканы кайрылышкан эле, көтөрүнчөгү бар, алар Садырдын аял алып кеткенин билет, анан аны менен сүйлөшкөнү келишкен эле. Асиянын бир тууган агасынын аялы өлүп ошого алып берсекпи деген ойлорун ортого салганы келген эле.

- Кандай эже, ал-акыбал кандай, - деп Рустам бакылдап эле учурашып кирди.

- Жакшысызбы? - Асия сый учурашты.

- Келгиле-келгиле, кандай кудай жалгады? - Бүбүкан күлө учурашты, - Кыш күрөөдө айылчылаган экенсиңер го?

- Ооба, сиздей эжебизге учурашканы келбедикпи, - Рустам Асияга кайрылды, - Алып чык тигилерди, бүгүн бир эжем менен сырдашып кенен отуралы.

- Сырдашпай анан, кудагый күлүү-күчтүү отурабы?

- Апам бар ырысыбыз бар да, жүздөн ашканда той беремин буйруса.

- Ошент, кудагый дагы кулай сүйгөн пенде экен, көп жашаган киши жаннаттын төрүнө түз барат имиш, - Бүбүкан шыпшынып алды.

- Ошондой болсо экен, байкуш балдары токтобой жүрүп мени кырк алтысында көргөн экен, бирөөгө бактырып, атымды Рустам деп койдуруп кайра сатып алыптыр, мен аябай ыйлаак болуп өз ата-энеме кырк күндөн кийин алып келгенде тып басылып эле уктап калыптырмын, апам эмдигиче айтып калат, - Рустам бакылдап жатты, Асия алып келгендерин дасторконго коюп аны менен бирге коньякты алып чыкты, алар эми чайга караганда Лунара келип калбаспы, ал баягы бойдон каттабай калган, анын узун кулагы Бүбүканды турмушка чыкканы жатканын угуп жетип келген. Бүбүкан аны чын дилинен жадырап тозуп алды.

- Кел курбум кел, келгениң жакшы болду, өйдө өт, - Экөө кучакташа өбүшүп учурашты.

- Сен кабар албадың, менин дагы убактым болбой эле, бир жаңылык угуп менден жашырганыңа капа болуп таарынып келгенмин, - Лунара орун алып жатып Рустамдарга баш ийкей учурашты, - Булар кудалар эмеспи ыя? - Каткырып калды.

- Сиз кайдан билдиңиз, биздин андай оюбузду? - деп таңгала Рустам Лунараны караса Бүбүкан Рустамдарды делдээ карап калды:

- Лунара, бул Сапардын атасы эмеспи, кудалардан эмес.

- Эже, жуучулукка күйөө бала келсе деле боло берет, - деп шыпылдай күлүп коньяк куя баштаганда Денис Айткулович салам айтып кирип келди, ага орун берип: "Бул кимиси болду", - деп ойлонуп Рустам стакандарды алды-алдына коюп жатканда Бүбүкан:

- Бу киши менен таанышып койгула, Денис Айткулович, врач болуп иштейт, - деди эле Рустамдар карап эле калды.

- Ооба, биз Бүбүкан экөөбүз үйлөнгөнү турабыз, - деди Денис Айткулович.

- Денис, бул жигит Сапардын атасы Рустам, а бул анын келинчеги Асия, менин жанымда отурган кыз, - Бүбүкан күлүп койду, - Менин курбум Лунара.

- Абдан жакшы, таанышканыма кубанычтамын, - Денис Айткулович көкүрөгүнө колун кое ызаат кыла карады, - Биз сапардан уруксат алдык, буйруса Бүбүштү жума күнү алып кетем, тойго келиңиздер, - деди күлүп.

- Албетте, албетте келебиз, - деген Рустам Асияны карап койду, - Эмесе сиздердин алдыдагы келечек бактыңыздар үчүн алып коелу! - деди стаканын көтөрө.

- Аяш, курбумдун кызыл өңүнөн нур кете элек, боюнан жылуулук кете элек сүлкүлдөгөн убагы, мынча болуп сөзүңөр бүтүп калган экен, курбумду куштай кылып асырап алыңыз, ошол үчүн ичели! - деп Лунара Бүбүканга көзүн кысып койду.

- Лунара, уят эмеспи, күйөө балам отурат, - деп Бүбүкан уялгандай карады.

- Эже, ачык сөздүн айбы жок дейт, бул эже туура айтат, - деди Рустам, Асия жөн гана күлүп коюп отурду, коньякты алып ийишти.

- Мен тамак жасайын, - деп Бүбүкан ашканага чыкты да куурдак жасаганы камынып жатты:

- Туура айтасыз аяш, Бүбүштү өзүм жактырдым, менин дагы аялым өлүп эки жылдан ашты, бойдок жүрдүм, жараткан Бүбүштү мага өзү табыштады, жолуктурду, колумдан келишинче сыйлап алам, - деп Денис Айткулович жай түшүндүрүп отурду.

- Жакшы-жакшы аксакал, сиз озунуп кетипсиз, - Рустам күлүп калды, - Биз дагы эжемди өзүбүзгө тартып алып кетсекпи деп келдик эле, жакшыны жатка чыгарба дейт го элибизде.

- Туура-туура, бирок кечигип калдыңар, - Денис Айткулович күлүп калды. Рустам коньяктан дагы бирден куйду, - Жакшынын жакшы билер сымбатын, жаман кайдан билсин адамдын арзан менен кымбатын дегендей Бүбүкандын жакшы аял экенин бир көргөндө эле билдим.

- Туура тандагансыз, эми биз эжем экөөңөргө жакшылык кана каалайбыз.

- Ооба, биринчи турмуш утуш, экинчи турмуш укмуш дегендей силер укмуш турмушту баштаганы жатыпсыңар, бактылуу болгула, ылайым ынтымактуу болуп балдардын арка жөлөгү болуп көп жашап жашоонун рахатын көргүлө! - деди Лунара, ал өз ичинен негедир чычалагандай болуп турду: "Дегеле Сатыбалдыга болбой койду эле, кечээ ажырашып эле бүгүн келишкен күйөөгө чыгып жатканын кара, багы бар экен, мындай абройлуу адамга туш болгон, мен канча жылдан бери бойдокмун, далай эркектер менен иштештим, өзүм баарын даярдап канчанын бактым, турмушка чыгуумду эч ким сунуш кылган жок, буга табыла калганын, эркекти тартып ала турган жылдызы болсо керек", - деп ойлоп отурганда Бүбүкан кыпкызыл куурулган этти алып келди.

- Кана, тамакка карагыла, - деп ысык чай куюп кирди.

- Алып жатабыз, өзүң отурчу Бүбүш, - деди Денис Айткулович ага карап, - Буйруса үйгө алып барып алсам казан карматпайм, кызматчы бар.

- Оо-о, демек курбум чоюлуп эле күзгүгө каранып отуруп калат экен го? - деп Лунара күлө карады, бирок анын ичи күйүп турган.

- Албетте, ансыз дагы мен үйдө болбой бош отурушат, Бүбүш барса өзү буйрутма берип иштетет да.

- Мага кызматчынын эмне кереги бар, өзүм бирөөнүн жасаганын жактырбаган адатым бар, өзүм эле жасайм, - деп Бүбүкан күлдү.

- Андай болбойт Бүбүшжан, биз үйдө болгондо сейилдейбиз, туугандарга барабыз, кино-театрларга, анан балдарга барып сый көрөбүз, сенин казан - аякка аралашканыңды каалабайм, - Денис Айткулович аны далысынан таптап колун койду, - Сени жумасына салонго жөнөтүп турам, - деп карсылдай күлүп калды.

- Абдан жакшы, эжем ошого ылайык, сизге туш болгонуна ыраазымын, - Рустам чын дилинен кубанганын билдирди, коньяк түгөнгөндө Лунара ала келгенин алып чыкты, көпкө чейин отурушуп анан Рустамдар кетишти, андан кийин Денис Айткулович кетип Лунара калып калды, ал Бүбүканды айнытмак болуп ичи ирип жатты.

- Ай Бүбүш, эмнеге эле капыстан эрге тийгиң келип калды ыя, Сатыбалды байкуш деле сага кыйын көңүлү түштү эле, ушу сен дагы көрүнүктүү адамды издеп жүргөнсүң го, же мурун эле жүрдүң беле муну менен? - деди кызуулугуна салып.

- Лунара, Сатыбалдың мага жакка жок, - Бүбүкан орой айтты.

- Эмнеси ашык андан мунуңдун?

- Эки аяктуунун баары эле адам эмес деген сөз бар, ар бир адамда бир башкача сапат болот, жагымдуу да жагымсыз да, мага Денистин бардык сапаты жакты.

- Жакшы-ы, жакпады-ы деген бош сөз жаным, жактырып калдым дегендей сен жаш белең, жөн эле анын байлыгына кызыгып жатасың го?

- Луна, эмне болду сага анчалык, менин каалоомо чек койгудай сенсиңби, андай болсо менин ишиме киришпе, мен сенден же башкадан кеңеш сурабайм, өзүм кааласам чыгам, каалабасам чыкпайм, өз ишим!

- Эмнеге мынча ачууландың, тамашалап койдум дос.

- Тамашанын чеги бар да, жактырбаган адам менен мен бет маңдай отуруп чай ичмекминби, мени зордоп алгыдай ким бар, өз башыма ээ аялмын, менде дагы жүрөк бар, жүрөгүм сүйгөн адам менен бирге болуума эч ким каршы боло албайт, эми балдар дагы келет, сен үйүңө бар, - деди ачуусу менен Бүбүкан.

- Ме-ен бүгүн мында калам, досум эрге тийип жатса үйдө жатмак белем? - деп төргө жатып алганда Сапар менен Азада кирди.

- Апа зериккен жоксузбу? - деп Азада аны өөп төрдө жаткан аялды көрүп бөлмөсүнө өтмөк болду, ал кайненесинен ичкиликтин жыты бур эткенинен: "Бул аял ким болду экен?", - деп ойлоду.

- Неге зеригем кызым, үйдө коноктор болду, Рустам менен Асия келип кетти.

- Аа-а, алар кетиштиби?

- Ооба кетишти.

- Жакшы болуптур, сизди жалгыз койбой.

- Апа, алар эмнеге келишиптир? - Сапар сурады.

- Базарга келишкен экен, кайрылып учурашканы келген го балам.

- Аа-а ошондойбу? - Күлүп Лунараны көрүп, - Лунара эже келген го? - деди.

- Кандай Сапар, мен сенин үйлөнгөнүңдү эми гана уктум, апаң айтып койбойт же, - Лунара башын көтөрүп отурду, - Келинге жоолук ала келбедим, - Лунара сумкасынан миң сом алып сунду, - Бул аяш келинимдин көрүндүгү Бүбүш.

- Жо-ок, тим кой Лунара, - Бүбүкан сүйбөгөндөй карады.

- Ушунуң кантип болсун, алып кой эми көрүндүктү.

- Албайм! - деп Бүбүкан катуу айтты эле ал болбой эле туруп келип акчаны анын колуна карматып эшикке чыгып кетип кайра кирди:

- Келинди жуубасак болбойт, мен мурун укканымда башкача болмок, эми деле кеч эмес, - деп дасторконго коньяк койду.

- Лунара, балдардын көзүнчө уят го, ичкиликти эмнеге алып келдиң? - дегенин Сапар угуп калып жаркылдай жанына келди:

- Апа-а, бизден эч качан тартынбаңыз, - Ийинине колун коюп жаагына жаагын тийгизди, - Апакем, алтын апакем менин, менин апакем, - деп турганда Лурананын ичи ого бетер тызылдап: "Балам деп коет, өз баласындай эркелеп турганын көр, менин өзүм төрөгөн балдарым минтпейт, үйдөн жылан чыккансып келип да коюшпайт, мунун эмне дарымчылык бирдемеси барбы, баары эле муну жакшы көрүшөт", - деп ойлонуп жини келип алды.

- Апа, мен шорпо жасадым, жай отуруп ичиңиздер, - деп Азада келди.

- Ошону ырас кылдың келиним, - Лунара ага карады, - Ысык шорпо ичким келип турду эле, алып келе гой!

- Азыр эже, - Азада илбериңки кыймылдап тамагын алып келип, Сапар экөө бир аз отуруп ичип алышты да бата кылышты, - Сиздер жай отуруп иче бериңиздер, анан өзүм жыйнап алам, - деп бөлмөдөн чыгып кетишти.

- Кудай кут кылсын досум, келиниң дурус экен.

- Көз тийбесин, келиним оюмдагыдай, келиним эмес кызымдай.

- Кут болсун, өзүңө эле кут болсун, - Лунара саал ойлоно калып, - Анан ушундай уул-келиниң турса күйөөгө тийейин деп жатасыңбы? - деди сынай карап.

- Ата-баланын өзүнө тиешелүү өмүрү болот, тагдыры болот, ошондуктан мен ушундай чечтим, Гүлү менен Алтынай дагы колдоп жатат, Денис жаман адам эмес, өткөндө бул жасалганы белекке берди, - Бүбүкан колун, мойнуна көрсөттү, кулагындагы ансыз дагы көрүнүп турган, анан туруп барып чакан сандыкчасын алып келип, - Муну Гүлиям, муну Алтынайым, буларды болсо уул-келиним белек кылышты, - деп толгон алтын жасалгаларын көрсөткөндө ал суктанып өзүнүкү бар болсо дагы ич күйдүлүгүн чыгара:

- Алтынайды бир кезде өзүңдүн атаандашыңдай көрдүң эле, бечара жакшы жерге барып баарын унутуп эне ордуна тутунуп калган экен, - деди.

- Сен эмнени айтып турасың Лунара, эч качан Алтынайды анткен эмесмин!

- Өзүң сөз кылгандай болдуң эле, унуткан экенсиң да, мейли эми анын баары өтүп кеткен эмеспи, кана келиниң кут болсун, ыймандуу, ырым-кешиктүү болсун! - деп стаканды көтөрдү, - Кел эми алып кой.

- Лунара, сен мага доосуңбу же кассыңбы? - Жини келе карады.

- Ой жинди десе, качантан бери мени кас санап калгансың?- Каткыра күлдү.

- Сенден Россияга баргандан түңүлгөнмүн, кутулгум келсе кайра пайда болдуң.

- Алтыны го, таарынбачы эми, мен ушу укканымды ачык айтып коюп эле жаман көрүнүп калмайым бар, кантип эле сага кас болоюн, мен сенин досу-уңмун каража-ан!

- Мага достун дагы кереги жок эле, не максат менен келдиң айтчы?

- Сени көргүм келди, анан дагы турмушка чыкканы жатканыңды уктум да келдим.

- Келбей эле койсоң болмок.

- Кантип, көздөй курбум күйөөгө тийип жатса, айтып өзү чакырып койбосо.

- Мага курбу-курдаштын кереги жок!

- Эмне күйөө болчу жигитти кызганып жатасыңбы? - деди Лунара ого бетер тийишип, алар ичип да чукулдашып жатып түн бир оокум болду, - Кызганба-а, күйөөңдү тартып албайм, - деп Лунара кызып калды.

- Лунара, Денис сени карап койбойт, - деди Бүбүкан ага өчөшө ичип алып каткыра.

- Эмнеге карабайт, эгерде көзүмдү кысып өзүмө тартсам келет эле.

- Ай сени караса мурдумду кесип берейин, хи-хи-хи!

- Кел мелдешебиз.

- Давай мелдешсе мелдешебиз, - Экөө кызып калып дасторкондор ошол бойдон калды, алар Бүбүкандын бөлмөсүнө жатып калышты. Эртең менен Сапарлар аларды ойготпой эле кете беришти, түшкө жакын туруп баары жыйналып таптаза болуп калыптыр, Бүбүкан жуунуп алып чай кайнатты, башы ооруп зыңгырап калыптыр, идиштерин Азада жууп кетиптир, ичинен ыраазы болуп турду, дүкөнгө барып коньяктын кичинесинен алып келди, шорпо ысытты да өзү ичип отуруп алды. Лунара кеч турду, экөө тамактанып анан ал кетмек болду.

- Бүбүш, анча-мынча сөздү кечиришели, мен сени жөн гана тамашаладым, курбулардын ортосунда тамаша болуу керек го? - деди башы ооруганынан көңүлсүз.

- Тамашаны түшүнбөй эмне, баарын унут.

- Алтын досум, мен дагы ушундай болоорун билгенмин.

- Рахмат, келинимди көрүп келгениңе, мен кыздарым келсе даярдануум керек.

- Жарайт досум, тойго чейин.

- Узатып коеюн, - Бүбүкан бирге чыкты, - Жакшы бар Лунара.

- Жакшы тур, көрүшкөнчө, - Лунара жоон денесин чайпалта басып бара жатты: "Ой тобо-о, ушундай дагы аял болот экен го, менде деги эмне өчү бар, курбу деп кантип санайм ушуну, менден алчу өчү бардай сүйлөгөн сөздөрүн кара", - деп Бүбүкан карап туруп үйүнө кирип бара жатып башын чайкап койду. Анан үйүн жыйнап отко көмүр таштап коюп үй ичи тазалансын деп эшигин ачып таза аба киргизип идиш аягын жууду, коньяктын идиштерин сыртка чыгарып жымылдатып коюп кыңкайып жатып калды. Ал күнү Денисти кача күтсө дагы келбей кеч кирип уул-келини келди, чогуу отуруп тамактанып аркы-беркини сүйлөшүп отуруп анан жатышты. Эртеси эртелеп Гүлиялар, Алтынайлар келип боорсок жасап дасторкон жасап жатышты, салат жасап конок күтүүгө камынып алышты. Союшун даярдап жакындары келип күтүп жатканда Денистер үч унаа менен келип түшүштү, эки уулу аялдары менен эжеси менен бир агасы аялы болуп беш алты киши келишти, Бүбүканды жасанта кийинтип коюшкан, төркү бөлмөгө кирип орун алышып Бүбүкандын тагасы аялы экөө аларга карап:

- Алгыла коноктор чайга карагыла, - деди тагасы Медетбек.

- Алып жатабыз, андан көрө биздин келиндин ырым-жырымын жасайлы, - деди Денистин агасы Кеңеш, анан анын аялы Бактыкан:

- Куда, биз келинибизге белек-бечкек алып келдик эле, - деп кийим-кече менен алтындын кутучасын Бүбүканга берди, андан кийин тага-таажеңесине кийит кийгизип Гүлия менен Сапарга, Алтынайга кийит берип анан дасторконго карашты.

- Менин жээнимди сыйлап ал күйөө бала, эми жаш эмессиңер турмушту түшүнүп калган токтоо адамсыңар.

- Көзүмдүн карегиндей карайм, - деп Денис Айткулович күлүп койду, койдун эти бышып конокторду сыйлап анан узатышты. Алар менен таажеңеси Мира менен Гүдия эле бирге барып сый көрүп кайтышты...

Батма кадимкисиндей болуп калгандан кийин кайын журтуна келмек болду, ал кайненеснинин айтканынан кийин уялып калган, Нурдин эч айтчу эмес, оюу менен болуп унчукпай жүрө берчү. Эми бармак болуп жатканда:

- Нурдин, тамак жасай аласам уят го? - деди.

- Өзүм көрсөтүп берем.

- Көрүп койсочу?

- Билгизбеймин жаным, - Нурдин күлүп койду.

- Нурдин.

- Оов алтыным.

- Сен менден тажап кетпедиңби?

- Эмне үчүн тажайм?

- Мен аялың болгонум менен милдетимди аткарбадым.

- Мен сени өзүнө келсин деп ойлоп жатам жаным.

- Чынбы, мени түшүндүңбү?

- Кантип түшүнбөйм жаным, ошондогу абалыңды көрбөсөм бир жөн.

- Рахмат, мени түшүнгөнүңө.

- Жаным, сен менин жанымдын жарымысың, - Нурдин келинчегин өөп жыттап төшөккө жатып калды, - Алтыным, өзүң даярсыңбы?

- Сагындым, сени сагындым, - Аймалашып кирди.

- Мен дагы сенин жаныңда жүрүп сагындым эркем.

- Эрке кыз эми катуу сынга түшөт го? - Батма кыткылыктап күлдү.

- Сынактан бешке тапшыра турган болосуң.

- Сен окутасың ээ?

- Албетте, өзүм үйрөтөмүн.

- Нурдин.

- Оов жаркыным.

- Сен мени сүйөсүңбү чын эле?

- Жаным, неге күмөнсүйсүң?

- Билбейм, бирөөнүн көлөкөсү сыяктуу өмүр сүрүп жаткандаймын.

- Андай дебе жаным, мен сенин өзүңдү сүйөмүн.

- Оо кудайым, ушул суроо менин жанымды жей турган болду.

- Кандай суроо?

- Нурдин мени сүйөбү же Тинатин деп эле жүрөбү дегем.

- Ой кокуй десе, деги эле кайнатамдын эрке кызысың да, - Нурдин каткырып ийди, - Ал деген эбак өлгөн, он жылдан ашты, сен деген жанымдасың алтыным.

- Баары бир анын арбагы кээ-кээде келе берет.

- Ага үйгө барсак куран окутуп коебуз, кабатыр болбо.

- Макул, мен сендикмин агажан, - Батма күлүп аны өөп алды, - Жанымдын жарымы го ушул, - Кытылдап күлүп калды. Экөө түнү бою көптөн бери көрүшпөгөндөй кучакташып жатты, бири-биринин рахатына бөлөнүп ошол күн алардын алгачкы түнүндөй өттү. Эки күндөн кийин ата-энесиникине жөнөштү, адегенде Акматтыкына келишти эле алар кубанып тозуп алышып башынан суу айлантып чачып улак союп түлөө өткөрүштү, Батма аларга баштагыдан дурус мамиле кылып сүйлөшүп отурду, ата-эне ошого ыраазы болуп калды, Айша шыпылдап анын үстүнө баштан аяк кийим кийгизип жетине албай жатты. Нурдин экөөнү тең кийгизип, майда-барат кылып эт салып беришип узатышты:

- Кызым, келип тургула садагам, келип тур ээ? - деп жалдырады Айша.

- Макул, келип турам, жакын келип калдым го? - Батма жылмайып койду.

- Ошент каралдым, - Айша зыңгырай карап, - Апа деп койсоң боло кызым, - деди.

- Эми үйрөнөм да, - Батма күлө унаага отурду.

- Мейли садагам, акыры апа дээрсиң, аман болсоң дээрсиң, - деп ыйлап кала берди.

- Жакшы тургула апа, - деп Нурдин унаасын жылдырды, андан чыккандан кийин:

- Нурдин, менин ата-апа дегенге такыр оозум барбайт, кантем Нурдин? - деди Батма.

- Көнөсүң алтыным, көнүп кетесиң.

- Эми апамдар менден экзамен алышабы?

- Дароо эле антпес.

- Корком, чай дегенди демдей албайм, тамак жасай албайм.

- Кабатыр болбо, азыр жеңем бар, аста-аста үйрөтүп коем.

- Корком, келип калдык, - деп Батма оор дем алып алды, экөөнүн келгенин көргөн Каныш суу алып чыкты да ал дагы башынан айлантып чачты.

- Балакеттин баары ушуну менен кетсин айланайын, кир үйгө, - деди да артынан кирди, - Кандай кудалар жакшы жатышабы балам?

- Жатышат, салам айтышты.

- Саламат болушсун, иниң чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп калды.

- Ошондой эле болсун, бечара куданын да башынан көп нерсе өттү.

- Ооба десең, бечара жакшы жигит өзү, - деп Акылбек башын ийкеди.

- Ээ Батма, бүгүнчө конок болосуң балам, эртеңден ары казандын төрт кулагын өзүңө тапшырам, - деп Каныш күлүп калды.

- Мейли апа, азыр деле кармай берем, - Батма күлүп коюп Нурдинди астыртан карады.

Алар ошентип өз үй өлөң төшөгүндө жашай баштады, Батма көнө албай свет жокто казанга тамак жасаса колунан баштап кийим кечесине чейин көө болуп алат, кайненеси аны байкап боору ооруп: "Бечарада не күнөө, же апасы үйрөтпөсө, үйүндө кызматчы жүрсө бул кайдан билсин", - деп ойлонуп отун өзү жагып берип тамакты өзү кошо жасашып жүрүп баарын үйрөтүп койду. Каныш менен эне-баладай болуп кетти. Нурдин ага кубанып кээде Батманы тамашалап калат, Айша келип кетип аны менен жакындоого аракет кылып, аны өзүнө имерүүнү ойлонот. Жакын келгени менен деле алардыкына барбайт, Айша Каныш менен сүйлөшүп отуруп:

- Каныш, сен деле айтсаң боло, барып кел деп, - деди.

- Мен айтып эле жатам, укпагандай тим болот.

- Ушунчалык мерез экен ээ капырай? - Айша наалып алды.

- Канткен менен дилинде бар, болгону биротоло көнүп алса кыйын да.

- Ошондо деле чындыкты укту, баары дайын болду...

- Көп ойлоном бербе, акыры көнөт, кайда бармак эле? - Каныш кудагыйын жубата сүйлөдү, - Өзү илбериңки эле, кичипейил.

- Таң, өз баламдын апа дегенин укпай өтүп кетпесем болду.

- Кабатыр болбо, бара-бара адам болот, эл-журтту көрөт, кагылат-согулат.

- Ошентсе кана, эмне болсо дагы аман болсунчу, - деген Айша үйүнө кетти, Каныш ал кеткенден кийин:

- Ээ Батма, - деди сырттан кирип.

- Оов апа.

- Сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Сүйлөшүңүз, эмне жөнүндө?

- Отурчу жаныма.

- Айта бериңиз.

- Сен Айшаны апа деп кубантып кой да балам.

- Оозум барбайт.

- Эмнеге ботом, мени деле апа деп жатпайсыңбы?

- Мм...

- Кой балам, ал сени тогуз ай көтөрүп төрөгөн...

- Уккам.

- Уксаң алар өз ата-энең экенине ишенбей жүрөсүңбү?

- Ооба, такыр ишенбейм.

- Эгизиңдин сүрөтүн деле көрдүң го, коендой окшошсуңар.

- Окшоштук боло берет да апа.

- Мынчалык окшоштук эгиздерде гана болот балам.

- Апа, убакыт өтсө көрөбүз, - Батма туруп кетти.

- Ай балам ай, - деп Каныш кала берди. Батма эшикте ойлуу басып жүргөндө Нурдин келип калды:

- Сага эмне болду?

- Эчтеке.

- Капасың го?

- Жо-ок, - Батма ага күлүп колтуктан алды, - Сен турганда неге капа болом?

- Жаны десе ошентсең, - Өөп жатканда Батма анын оозун баса калды:

- Уят, бирөө көрсө уят.

- Көрсө аялымсың?

- Атамдар көрсөчү?

- Көрсө мейли, алар деле жаш болгон.

- Сөз качып кутулбайт го? - деп кирип келе жатканда Каныш алдынан чыкты.

- Келдиңби балам?

- Ооба апа.

- Акматтыкына барып келгилечи.

- Эмнеге?

- Ботом жөн эле барып тургула да, - деп койду Каныш.

- Барасыңбы Батма?

- Көңүлүм жок, жөн эле бара бермек белек?

- Көңүл, мөңүлү жок эле барып кайры келесиңер.

- Апа, Нурдин өзү барып келсинчи, - Батма тултуя карады.

- Ботом алар сенин ата-энең эмеспи, экөөңөр тең эле баргыла, - деп чыгып кетти Каныш, Батма Нурдинге кабак бүркөй карады:

- Эптеп эле жакындата албай жатат.

- Анын эмнеси жаман, барса барып коелу жүр.

- Менин баргым келбейт, андан көрө атамдыкына эртең барып келейинчи.

- Ага деле макул, бүгүн Акмат атаныкына барып келели, бүгүн айлык алдым, апамды кубантып бир аз акча берип коюп анан дүкөндөн бирдеке алып алалы, - деп үйгө кирип отуруп калды, Каныш менен Акылбек кирди:

- Бара турган болдуңарбы?

- Апа, айлык алдым, мына он миң сом.

- Оо баламдын айлыгы жакшы го? - Акмат күлүп калды.

- Иш жакшы да ата.

- Садагаң болоюн десе, алганың менен тең карып, ылайым эле аман жүргүлө, - деп Каныш батасын берип калды.

- Биз барып келели ээ апа?

- Бара койгула садага.

- Батма, бол кийин.

- Азыр, - Батма аргасыз эле кийинип жөнөдү. Ал күнү алар кетирбей коюшту, Айша кызынын жанына отуруп алып альбомун көрсөтүп улам Тинатиндин сүрөтүн көргөзүп ар нерсени сүйлөп жатты:

- Аттиң, өз колумда катар өскөнүңөрдө эмне? - деп муңканып алды анан.

- Эмне өзгөрөт дейсиз, мунун баарын эмнеге айтып жатасыз?

- Өзүмдүн төрөгөн кызым экениңе ишенсин дегеним.

- Мен ишенем, бакма кыз экеним анык, бирок мен такыр көнө албай жатам түшүнүңүзчү:

- Кагылайын кулунум, мен бир кызымды он жыл мурун жоготуп эки жыл мурун кайра таап алгандай кубандым эле, боорума кысып качан бир көңүлүм тынат?

- Мени кыйнабаңызчы, минте берсеңиз таптакыр башка жакка кетип калам.

- Эмне дейт, каякка кетесиң ботом?

- Атам Америкага барам десең окууңду ошол жактан улантасың деген.

- Нурдинчи?

- Ал калат.

- Кой берекем, анте көрбө, өлсөм да сен жанымды бол.

- Анда мени кыйнабаңыз! - деп туруп Нурдинге, - Кетелиби? - деди.

- Эмне болду?

- Кетким келди.

- Кеч болуп калды го?

- Алыс бармак белек?

- Макул-макул кеттик, - Нурдин күлүп ордунан турду.

- Батма! - деди ошондо Акмат, ал тык токтоду, - Кызым, бүгүн калып эле кал!

- Мен бул үйгө жата албайм.

- Эмнеге, дал ушул үйдө сени курсагына көтөрүп жүргөн апаң, тогуз айдан кийин жарыктыкка келгенде бизден сени адам сымал акмактар сатып ийсе сен бизди жазалаганың болбойт кызым!

- Мында менин да күнөөм жок.

- Ооба, сенин да биздин да күнөөбүз жок, саткан менен сатып алгандарда күнөө.

- Атамдын күнөөсү жок жыйырма эки жыл менин бөлөк экенимди билгизбей алчаңдатып баккан!

- Батма, кой улуу киши менен айтышпа, - деп Нурдин шыбырады.

- Акчасына чиренип бала таап бер дебесе сен өзүбүздүн колубузда болмоксуң.

- Болуптур, менден эмне керек сиздерге? - Бери бурулду.

- Эчтеке керек эмес кызым, сенин бизге ата-энедей мамиле кылганың керек.

- Анда, чыдаңыздар, балким көнүп кетем, бирок кыйнабагыла, - Батма Нурдинге кайрылды, - Кеттикпи?

- Кеттик, жакшы калыңыздар, - Нурдин ээрчий сыртка чыгып унаасын от алдырып жөнөштү.

- Ооф! - Батма жинденип алды, - Ушулардыкы өтүп кетти!

- Койчу жаным, алар ата-эне да, сенин ата-апа дегениңди каалайт.

- Ошондо эмне чыгат деги?

- Кубанып калышат.

- Кубанбаса койсун!

- Мейли, көп кыжаалат боло бербе, акырын үйгө кирип кетели, - деди Нурдин, алар эшикти акырын ачып кирип кетишти, түн ортосунан ооп калган эле.

- Жаман кыйналып кеттим.

- Кыйналба.

- Өзүмчө ойлонуп аларды ата-ап деп айтмак болом, анан эле оозум барбайт.

- Акырындап көнүп кетесиң.

- Нурдин.

- Оов.

- Мен атамдын сунушуна макул болсомбу?

- Кандай сунуш?

- Окууңду Америкадан уланткың келеби деген.

- Эмне, мен эмне кылам?

- Сен иштей бересиң, сүйлөшүп турабыз.

- Жо-ок болбойт жаным.

- Мени мына булар жүдөрттү, мен атамдын эле кыз, Айдардын бир тууганы болгонду каалайм Нурдин.

- Анда биз ажырашып кетебиз го?

- Мени күтпөйсүңбү? - Батма аны күлүп карады.

- Сен мени таштап кетсең неге күтөм?

- Жинди! - деп Батма дагы күлдү.

- Анда кетпейсиң.

- Окугум келип жатсачы, атам ойлон деген да.

- Ойлондум, бара албайм де.

- Анда сени бирге барсын деп айтам.

- Мен анда эмне кылмак элем?

- Окуйсуң.

- Мен окууну эбак унутканмын, кайрадан мээге эчтеке кирбейт, тамашаңды кой да уктайлы, таң атып кете электе, - Нурдин кучактап жатып алды.

- Жакшы түш көр.

- Сен дагы.

- Жа-аным! - Экөө тең унчукпай жатып калды, алар катуу уктап калган, эрте турган Каныш босогодон уул-келининин бут кийимин, сыртка чыгып унаасын көрүп: "Каап баса беришкен тура, пендени мынча таш боор жаратпасаң не кудайым, байкуштун көзүнө же көрүнбөй койбой же бир имерилбей жаман болду", - деп кейип кепчип кайра сууктан ичиркенип кирип жатып алды. Акылбек дагы эрте ойгонгон, ал кийинип жатканда:

- Тигилер түндө эле келиптир, - деди.

- Мейли, келсе келгендир...

- Айша какшап ыйлап жатпайбы.

- Эмнеге?

- Ой келиниңди айтсаң боло, барып тур деп жиберсең боло деп.

- Жибергенде ал бала беле уруп согуп жөнөткүдөй.

- Байкуш көзүбүздүн барында балдарга аралашып калса дейт да.

- Эмне өлөөрүн билиптирби, жөн эле экилене берет да.

- Эми ысык жан эмеспи чал, заматта эмне болоорун ким билет?

- Ал го туура, келиндин өзү билет да, - Акылбек чыгып кетти, Батма өтө эрте турбаса дагы туруп чай коюп калчу эле, бүгүн кыймылдаар түрү жок. Аны байкаган Каныш алардын эшигин такылдатты, Нурдин зорго ойгонуп көзүн ушалай туруп келди:

- Саат канча болду апа?

- Сегиз болуп калды уулум, кеч келдиңерби?

- Ооба, таң атаарда келдик.

- Жатып албайт белеңер.

- Батма болбой койду.

- Ошону ойлодум.

- Апа, бүгүн ал мени менен кетет.

- Каякка? - Каныш ормое карады.

- Атасыныкына.

- Качан келет анан?

- Көрөбүз да, - деп кайра кирип Батманы ойготту, ал шашыла туруп чай коюп төшөктөрүн жыйып шыпылдап баарын жасап кайнаталарына чайын берип анан кайра идиш аягын жууп тазалап анан кийинип алып Нурдин менен жөнөдү. Каныш алар кетээри менен Акматтын үйүнө жөнөдү, Айша аны көрүп:

- Кел Каныш кел, - деп жакшы каршы алды.

- Келдим, жакшы турасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, келин чай алып кел балам, - деп алып күлүп калды, - Кээде ушу балдардын аттарын дагы унутуп калчу болдум.

- Анан эмне, мен деле алмаштырып алам.

- Нурдиндер түндө бардыбы?

- Ооба, капырай катуу уктап калып качан барганын билбей калыптырбыз.

- Кеч кетишти да.

- Жатпай койдубу?

- Жатмак турсун сөзүмдү укпады, эми аман болсо көнөөр, - Экөө чай ичип отуруп аркы-беркини сүйлөшүп отурушту, Каныш ага көргөн билгенин айтып отуруп анан үйүнө кетмек болду.

- Баса унутуп калган турбайынбы, Батма атасыныкына кетти.

- Бүгүнбү?

- Ооба, Нурдин менен кетти.

- Барса барсын.

- Кой эми кетейин, Акылбек издеп калбасын.

- Отурсаң боло.

- Үйдө башка эч ким жок, чоң келин дагы үйүнө кеткен.

- Качан келем деди?

- Кайдан, айткан деле жок.

- Анда мейли, - Айша аны узата чыкты.

- Жакшы тур, дагы көрүшүп турабыз, - деген Каныш шыпылдай жөнөдү, Айша аны узата карап туруп: "Жакшы эле аял, кызыма жаман айтпайт, деги ошонун капа болгонун көрбөйүнчү, атасына кеткен тура, бизди анын жанына жолотпойт, аны сагынып кеткендир, эми дагы көпкө жүрүп алаар", - деп кимдир бирөөдөн кызгангандай өзүнчө кыжаалат болуп туруп анан үйүнө кирди. Батма келгенде Жаныбек жумушта болчу, Нурай менен өбүшө учурашып анан Атайды өөп колуна алып:

- Кандайсыздар, жакшы жатасыздарбы? - деди Батма.

- Жакшы, өзүң кандайсың, кудалар жакшы жүрүшөбү?

- Жатышат, салам айтышты.

- Саламат болсун.

- Атай, Атайчик мени сагындыңбы? - деп Баланы эркелетип жатканда Замир кирди:

- Тажеңе, тагам үйгө бар деди эле...

- Аа-а, макул сага жумушту көрсөтүп берем, - деп Нурай төркү бөлмөгө ээрчитип киргенде бала көтөргөн Айдай кошо кирип Нурайды нукуду:

- Бул жакка киргизбеңиз.

- Эмнеге?

- Болбойт, анан айтам.

- Замир, бул бөлмө эмес экен, тигил залдын ичиндеги үстөлдөрдү сыртка алып чыгуу керек, үйдү актатабыз, атаң жакында элүүгө чыгат эмеспи, - деп Нурай күлүп койду.

- Чын эле.

- Бул бөлмөгө стол алып келмек.

- Жеңе, тигил үйдө подвалдын оозу бар, - деди кайра чыгып келе жатып.

- Чын элеби?

- Ооба, аны чоочун кишиге көргөзбөгүлө.

- Макул, сен аны кайдан билесиң?

- Апам мени ээрчитип кирчү...

Жаныбектин көңүлү тынып калган кези, Атай бир жашка жакындап ар убак өзү жумушунан келгенде ага талпынып аталап турат, абдан сүймөнчүк, көздөрү Нурайдын эле көзү. Нурай кайрадан кош бойлуу болгонун билгенде ирээнжип жүрдү: "Неге дагы боюмда болуп калды, эки-үч жаштан болсо болот эле го, Асек эми окуйт, Жаныбекке айтпай муну алдырып коюм керек, кийин деле төрөй берем", - деп бир күнү өзүнчө ойлонуп Катягы айтпай тааныш врачка чалды да үйдөн чыгып кетти, ошондо Батма келип калган эле, ага баланы таштап коюп шашылыш чыгып кетти. Жаныбек ал кетээри менен эле келип калды, ал Нурайдын эч кимге бараар жагын айтпай кеткенине түпөйүл болуп: "Эмнеге кетти, кайда барат, бул дагы Салимадай болуп башка бирөөнү таап алдыбы, зарыл иш болсо айтып кетет эле", - деп зыңгырай отуруп калды.

Анын ойлонуп калганын байкаган Батма:

- Ата, сизге эмне болду? - деди.

- Эчтеке, - деп койду көңүлсүз, анын мындай сөзү Батмага орой тийди, мурда кийин мындай сүйлөбөгөнгө жаман болуп кетти.

- Нурай жеңем врачка кетти окшойт, - деди анан.

- Эмнеге ооруп жатам дедиби?

- Жо-ок, сүйлөшкөнүн уктум.

- Ошондо да айтып кетиш керек эле, - дегенде дароо түшүндү: "Атам Нурайды кызганып жатса керек, ал дагы апамдай болуп башкага кетип жүрөбү деп жатса керек", - деп ойлонуп кетти, ошол учурда Нурай келип калды, анын боюнан алдырам деген үмүтү болбой калган, врачтар аны күйөөңдүн уруксаты керек деп койгон болчу.

- Келдиңби? - Нурай Жаныбекке кайрылды.

- Өзүң кайда жүрөсүң? - Жаныбек ага үңүрөйө карады.

- Эмне болду? - Аларды ээн коюп Батма Атайды көтөрүп бөлмөсүнө кирип кетти.

- Айтпай кеткениң эмнең?

- Келдим го...

- Кайда бардың деп жатам?!

- Жаке, мен...

- Эмне сен?

- Мен врачка барганмын.

- Эмнеге? - Ачуулу карады, - Ооруп жатсаң айт өзүм көрсөтөм.

- Жо-ок ооруганым жок, Жаке дагы боюмда...

- Кандай?

- Боюмда болуп калганынан алдырайын деп...

- Неге, неге алдырмак элең? - Жаныбек жумшара карады.

- Атай азыр жаш, алдырып койсомбу дедим эле.

- Болбойт, кудай берген баланы неге көп көрүп жатасың?

- Сенден дагы тартындым.

- Жинди, - Эми Жаныбек ага жакын келди, - Менден тартынба деп канча айтам, анан дагы онду төрөсөң дагы мен макулмун, - Кучагына кысты, - Сен мени башкага эч качан алмашпайм деп сөз берчи.

- Бул кандай сөзүң, мен сени кантип, кимге алмашам, кантип ушул жаман ойду ойлоп жатасың? - Нурай ага таңгала карады.

- Билбейм, айтпай кетсең оюма ошол кетти.

- Кой садагасы, андай ой менин оюма да келбеген...

- Кечир алтыным, кечир мени.

- Бир жолкусу кечиримдүү, - Нурай күлүмсүрөп койду, Каты аларга чай алып келди, - Мен Батманы карайынчы, - деди да Нурай анын бөлмөсүнө кирип Атайды көтөрүп алып кубанычтуу карады, - Уулум, атаңдын ачуусун жазчы, кана-кана атаңа бара гой, - деп баланы ага бергенде:

- Ат-та, ат-та, - деп жаркылдаган наристе атасына бой таштады.

- Берекем, атасынын кубанычы, куту го ушул, - Жаныбек уулун алып өпкүлөп жатты, алар ушул учурда эртең ушул маалда эмне болоору капарында жок бактылуу гана наристенин ууз күлкүсүнө карк болуп отуруп чогуу чай ичишти, Батма алардын бул отурушуна абдан ыраазы, бирок өзүнүн атасынан оолактап бара жатканын сезди, ал эми баштагыдай эркелей алмак эмес, кичинекейден кызганып да кетти, өзүнүн эне болгонун, эми эркелөө өөн учурай турганын сезип: "Мен эмне болуп жатам, атамдын бактылуу болгону жакшы эмеспи, мен эми бирөөнүн жарымын, бала төрөгөн энемин, аларга тоскоол болгонго акым жок, андан көрө мен атама ыраазы болуум керек, ал дагы бактылуу болууга тийиш", - деп ойлонуп алды, ошол кезде анын ичи "бүлк" этип кетти, Батма чоочуп кетти: "Мага эмне болгон, же", - деп алып таңгалып койду. Ал боюна болуп калганын сезген эмес, ордунан ойлуу туруп бөлмөсүнө кирди да жата кетти: "Ээх кандай жыргал, менин казан кармап иш кылгым келбейт, өз үйүбүз эч ким кирбей ээн турат, бөлүнүп жашасак бир кемпир таап алып жумуш жасатат элем, жаш болсо Нурдинди бузуп кетет", - деп ойлонуп жатса дагы ичи "бүлк, бүлк", этип туйлап кетти: "Оо кудай, менин боюмда болуп калган го. Нурдин билсе кандай гана кубанаар экен, жо-ок адегенде аныктап алышым керек, жөн эле эт тартат дегендей болуп калса куру кубантканым болбос, азыр балабыз экиге чыгып калмак, эми төрөй аламбы билбей туруп аны үмүткөр кылбай эле коюшум керек", - деп ойлонуп жатса Жаныбектин өзүн чакырган үнү чыгып бөлмөсүнөн чыга калды.

- Ата, чакырдыңызбы?

- Кел кызым сүйлөшөлү.

- Макул, - деп жанына келип отурду.

- Кызым, мен айтканды ойлонуп көрдүңбү?

- Кайсы? - Батма билип турса дагы сурады.

- Америкага барайын деген оюң барбы?

- Мм, Нурдин эмне дейт...

- Ал иштей берет.

- Ата, аны да жөнөтсөңүзчү?

- Аны ойлонуш керек, сенин университетте окууңду улантуу жөнүндө баарын даяр кылып сүйлөшүп да койдум эле.

- Нурдин деле окууну жакшы окуптур.

- Сүйлөшүп тез арада аракет кылалы анда.

- Рахмат ата.

- Мага рахмат айтпа кызым, менин өз балдарыма жасаган милдетим.

- Ыраазымын ата.

- Бара гой, Нурдин келсе документтерин даярдасын де.

- Макул, - Батма кубана атасын кучактап өөп бөлмөсүнө келди: "Ой есть, Нурдин экөөбүз тең кетебиз, анын ата-энесинин казанын кармаганча чет өлкөдө окуп жашаган кандай сонун, Нурдин каршы болбойт чыгар, балким кубанат", - деп кыялданып жатып уктап калды, күүгүм кирип калганда аны Каят ойготту:

- Кызым, кечки тамак даяр.

- Азыр, - Уйкусунан зорго туруп жуунуп сергимек болуп бара жатса ичи тыбырап көңүлүн бурду, тим эле туйлап кетти, аны узак жолго жибербей коюучудай жолуна бөгөт болчу чоң тоскоолдук дал ушул экенин сезбеди, болгону ишенип-ишенбей эртең врачка көрүнмөк болду оюнда. Ал жуунуп чыкканда баары дасторкондо отуруп калышкан, Нурдин дагы кирип келди, чогуу тамактанып отуруп анан бөлмөлөрүнө киришти. Нурдин кайнатасынын айтканына анча көңүлдөнбөдү:

- Батма, менин чет өлкөгө барууга көңүлүм жок, - деди өздөрүнчө калгандан кийин.

- Эмнеге, окугуң келбейби?

- Эми отуздан ашканда окуунун кереги эмне?

- Окуу үчүн жаштын кереги эмне, чеги жок эмеспи.

- Ошондой болсо деле, же биротоло окумуштуу боло албасам.

- Кызыксың жаным, балким окумуштуу болуп кетишиң деле мүмкүн.

- Койсоңчу, кайдагыны айтпа.

- Кайдагы эмес эле, билим алуу үчүн жаш карынын мааниси жок, сенин өз алдыңа кой билген максатыңа жараша, ар нерсеге умтулуу керек.

- Кой жомокту, - Нурдин келинчегин аймалап жатып калды, - Мага сенин гана жанымда болгонуң бакыт, койгон максатым ата болуу, эл катары өмүр сүрүү жаным.

- Болуптур анда, мен кеткенде тез-тез сүйлөшүп тур.

- Мени таштап кетесиңби?

- Ооба, айла жок!

- Чын элеби? - Нурдин аны өзүнө каратты, - Анда сен мени сүйбөйсүң.

- Сүйбөйм.

- Эмне?

- Ошо!

- Чын айтасыңбы?

- Чын.

- Мына сага! - деп ого бетер жулмалап өпкүлөп кытыгылап кирди, - Сен мени сүйбөйсүң ээ?

- Ооба.

- Кана чын сүйбөйсүңбү?

- Нурди-ин, калп айтам.

- Сүйөсүңбү дейм!

- Ооба-ооба дейм!

- Эмесе сени мен катуу сүйөм де.

- Мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм, өзүмдөн да артык сүйөм!

- Мына-мына, эми өзүңө келдиң, - деп чалкасынан жатып калды.

- Нурдин, эгерде төрөбөй калсам сен башкага кетесиңби?

- Жалгыз өтөм, мага жашоонун кереги жок, - Нурдин ары карап кетти, алар кеч укташты, түн бир оокумда алардын эшигине келген Замир Гүлүнү чакырып экөө сүйлөшүп турганда үч-төрт бет капчан жетип келди да кызды акырын артынан көзүн баса кучактап оозун бекитип ары көздөй алып кетишти. Замир аны алып кетээри менен Замир даярдап алган бет кабын кийип дабыш чыгарбай үйгө үчөө кирип барышты да төркү бөлмөгө кирип өзү байкап калган жер төлөөнүн эшигин ачып төмөн түшүштү, алар эгерде акча табылса зыян кылбай эле кетмек болушкан. Ошол учурда Нурай жаман түш көрүп жатты, анын түшүнө ата-энеси кирип: "Ай кызым ай, Гүлүнү сактай албадың го, тур, эшикке чык, аны сактап кал", - деп катуу нааразы болуп анан эле жанында жаткан Жаныбекти колунан башка бирөөлөр жетелеп бара жатканда ал тырышып жатып алып калды: "Мени кое бер, тигилер менен кете берейин", - деп Жаныбек дагы болбой жатканда аны Нурай: "Балдарың менен мени кимге таштайсың, мен кантем", - деп кое бербей жатып ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап ордунан туруп күндөгүсүндөй эле ашканага кирип суу ичмек болуп бара жатып төркү чоң залынан бир дабыш угуп акырын басып барса бөлмөнүн тең ортосуда жер төлөөнүн эшиги ачылып турганын көрүп үнү чыкпай артка кетээнчиктей Гүлү жаткан бөлмөнү карады, ал жок: "Буга жин тийдиби, жер төлөөнүн бар экенин мен билбейм, аяктан эмне издеп жатат, Жаныбек көрсө жаман көрөт", - деп ойлонуп ачылып турган жер төлөөгө жакындаганда: "Дагы издеп көр, акчасы ушунча болсо алтыны дагы болуш керек", - деген эркектин үнүн угуп бакырып артына жүгүрдү, ошол кезде анын үнүнөн баары ойгонуп чыга калып жер төлөөдөн үчөө чыга калып Жаныбекти бычак менен шилтеп ийди, Батма дароо телефон чалып милиция чакырып жатканда аны бирөө кулак түпкө коюп телефонду үздү. Нурдин Жаныбекке болушмак аны көздөй бара жатканда аны дагы бирөө кармап саймак болгондо сырттан милиция келип калды, алар кача албай жакшы эле каршылык көрсөттү эле алар тапанчасы менен үчөөнү кармап калышты. Жаныбекти дароо эле ооруканага алып кетишти, Батма эсине келип ыйлап жиберди, бири Замир экенин билишип аны каргап жатты, Гүлү менен эч кимисинин ичи да болгон жок, таң атканча бала карап уктабай отурушту, Нурай Жаныбек менен болуп улам Гүлүнү эстегени менен аргасы жок эле, эртеси таң агара Нурдин ооруканага чыгып бара жатып үйдүн ары жагындагы жолдун боюнан сойлоп келе жаткан Гүлүнү көрүп анын дароо эле ооруканага алып кетти. Аны аябай кыйнап зордуктаганы белгилүү болду. Операция кылып жатыны айрылып кеткенин айтты врачтар, ошентип экөөнө жүгүрүп жүрүп Нурайдын үч күнү көзү илинбеди. Жаныбектин бооруна бычак тийип өтү жарылып кеткен экен, ажалдан алып калышты.

Жээнайым муну угуп алып Жаныбекке келип:

- Мени кечир аке, мен аны балалыктан кечтим, андай баланын барынан жогу, - деп ыйлап отурду.

- Андай дебе Жээнайым, мейли өз жазасын алсын, - Жаныбек онтолой сүйлөдү.

- Анын мындай кылаарын ким билиптир, маа десе өлүп кетсин.

- Ооба, андай баладан ким жакшылык күтөт? - деп үңкүйдү күйөөсү.

- Эчтеке эмес, силер өзүңөрдү күнөөлүү сезбегиле, баланы төрөгөндө кыял-жоругун кошо төрөбөйт, бул жөн гана азгырыкка кирген, болгондо дагы байлыкка көз артуучу азгырык, - Жаныбек оор дем алып алды, - Өкүнүчтүү, барга да жокко да бардаштык кыла албаган чабалдыгы, өз маңдай тери менен табууну билбей арам жол менен байлыкка туйтунууну көздөгөндөр адам болбойт.

- Өлүп кетсин, акылы болбосо ошо да, кудайга шүгүр аман калганыңызга.

- Баарынан дагы жаш кызга жаман болду, он гүлүнүн бир ачыла электе оор азапка түштү.

- Кудай каргасын шүмшүктү, балам деп айтууга оозум барбай калды.

- Эми баргыла, - деп Жаныбек чарчагандай карады, ошондо Нурай кирип келди:

- Жаныбек, Гүлү өзүн-өзү өлтүрмөк болуп сестра алып калды, жашабайм деп такыр тынчтанбай жатат, эмне кылаарымды билбей калдым.

- Кудай сактасын, мен дагы тура албай жатпайынбы, - Жаныбек кейип калды.

- Сен кыйналба, мен баланы бир көрүп келейин.

- Мейли, Гүлүнү сестраларга жакшылап дайында.

- Макул, баланы карап Батма дагы кыйналып жатса кере, - деп жөнөй берди, ал Жээнайымды жаман көрө карады эле ал кымырыла калды, кысына анын артынан чыкты, Нурай үн дебей Жаныбектин айдоочусу менен үйүнө жөнөдү. Батма бала карап үйдөн чыга албай врачка көрүнүүгө убактысы болбой, ал турсун ичи бүлкүлдөп күндөн-күнгө тыбырчылап жатса да атасынын жакшы болуп кетүүсүн тилеп жатты. Каныш менен Айша келип Жаныбектин ал-абалын сурап анан ага келип Нурдин экөөнө:

- Кудай сактасын, бирок мында туруу өтө кооптуу кызым, - деди Айша.

- Ооба-ооба, Нурдин экөөңөр бул жерде калбагылачы айланайын, байлыктын бары да балээ, жогу да балээ деген ушу да, - деп Каныш кошумчалады.

- Эмне кылуум керек? - Батма аларды жактыра бербей карады, - Атамдын оор абалын көрүп туруп басып кетишим керекпи?

- Жок-жок кызым, Жаныбек бир аз сакайсын, үйгө келсе анан үйгө баргыла.

- Аман-эсен келишсинчи...

- Кабатыр болгудай эчтеке жок кызым, куда жакшы болуп калыптыр, - деди Каныш, мейли үйгө келгиче тура тургула, - Ошол кезде Нурай кирди.

- Келиңиздер...

- Келдик айланайын, сиңдиң жакшы болуп калдыбы?

- Жакшы, - Нурай Батмага кайрылды, - Атай уктап жатабы?

- Жаңы эле уктаттым.

- Ыйлап кыйнабадыбы?

- Жо-ок жеңе, ыйлаган жок, эжесин кыйнабайт, - Күлүп койду, - Асек үчөөбүз сонун ойноп жатпайлыбы, Асек дагы бейбаштыгы жок, - Күлүп койду.

- Ошентсин, Гүлү эле сакайып кетсе болду, атаң буйруса жакшы, - Оор дем ала үшкүрүнүп алды, - Кандай гана балээ болду десең, кандай ниети куурагандар эле, кудай жазасын берсин ошолордун, ылайым биздей эле ата-энеси сыздап калсын, - Бышактап ыйлап калды, Айша менен Каныш ага көңүл жибиткен сөз айтып көпкө отурушуп Нурдин келгенде гана ал экөөнү алып кетти. Нурай бир аз отуруп баласы ойгонгондо аны эмгизип коюп кайра ооруканага бармак болуп туруп подвалды көргүсү келди, анткени ал жактан уурулар алып чыккан он миллиондон ашык акча менен баалуу терилерди таап чыккан эле. Ошондо милицияларга көрсөтпөй терилерди Катяга каттырган эле. Ал ойлуу подвалдын оозуна келди, ичин ачып эңкейип ачса ылдый түшкөн тепкич бар экен, аста түшүп бара жатып боорунда жарыкты күйгүзө турган баскычты көрүп күйгүзгөндө көрсө ичи үй сымал экен: "Кызы-ык, бул деги эле шишкар турбайбы, анан неге мага айтпады, балким жаш неме байлыкка азгырылып кетет дедиби, же балким али эрте дегендир, ишеничине кирбегендирмин", - деп кыдырып жүрүп кооз буюмдарды, асыл баалуу жасалган сувенир менен илгеркилер колго токуган килемдерди көрдү: "Буларды катып эмне кылат, жер алдында көмүскөдө турганча үйгө келгендер суктангыдай болбойбу, же бирөөнүкүбү, а балким бул дагы крим дүйнөнүн адамдары менен байланыштыр, мындай буюмдар ошолордо кана болушу мүмкүн, анда менин дагы өмүрүм кооптуудур", - деп ойлонуп үч-төрт кана болуп кеткен жер алдындагы бөлмөлөрдү кыдырып жүрүп эң төркүсүнө келгенде бир сандыкты көзү чалып акырын басып барды. Көпкө карап турду, сандык күмүштөн оймолонуп жасалыптыр, жаркылдайт тим эле көздү уялтып, акырын отура калып колу менен сыйпалап ага салынган кулпуну көрдү: "Мунун ачкысы кайда болду экен, балким Жаныбек бекитип салгандыр, мында болду-болбоду бир сыр бар, байлык деген ушунда окшойт", - деп ойлонуп кайра артына бурула бергенде бир дабыш чыккандай селт этип коркуп кетип артына караса үстүндө бир нерсе термелип жаткандай болуп коркконго кош көрүнөт дегендей шаша сыртка чыга качып оозун жаап:

- Өөх! - деп алды.

- Жеңе, кайда кетип калдыңыз? - деген Батма алдынан чыкканда кайра чоочуп кетти.

- Эмне болду?

- Заматта таппай калдым го.

- Подвалга түштүм.

- Ыя?! - Батма аны алая карады, - Эмнеге?

- Көргүм келди.

- Аа-а, - дегени менен өзүнчө: "Эмнеге аякты көргүсү келди экен, эми бул дагы арам ойлоп жатабы, кандай адамдар деги, байлык көрсө баса калгысы келет, эгерде Зыйнат аны көрсө бизди кырдырып эле кетмек, эми бул эмнени ойлоп көргүсү келди экен", - деп ойлоп мындан он чакты жыл мурун Салима ээрчитип кирип: "Кызым, бул жерде атаңдын атасынын атасынан калган байлык бар, үч ата өткөн экен, муну чоң атаң илгери угуп Жаныбек үйлөнө электе айткан экен, узун жомок, анан атасы экөө кийикке чыккан болуп бир ай жүрүп анан таап келиптир", - дегени кулагына угулду.

- Сен билчү белең? - деди анан Нурай.

- Менин мектепти бүтөөрүмдө апам көргөзгөн.

- Билет экенсиң да.

- Эмне болду?

- Баягы күнкүлөр баарын көрдү, алар түрмөдө жөн жатпайт, муну көрүп-билип туруп кантип жашайбыз? - Корккондой карады, - Көрө электегиси бул болду.

- Гүлү Замир менен сүйлөшүп жүрдү беле? - дегенде Нурай аны жалт карады.

- Муну эмнеге сурадың?

- Себеби ошондон билген жокпу дейм да.

- Гүлү эмес мен ошондо билдим.

- Гүлү менден бул эмне дегенинен жөн эле подвал дегенмин.

- Качан? - Нурай кызыктай болуп кетти, - Кайдан көрүптүр?

- Катя эже килемди какмак болгондо.

- Демек ал күнөөлүү деп ойлойсуңбу?

- Жо-ок, күнөөлүү эмес дечи, болгону аны Замирге сөз кылса...

- Андай болушу мүмкүн эмес, андай болсо ага тиймек эмес.

- Жанындагылары ишеничсиз, анан дагы ал чын дилинен сүйгөн эмес.

Көрөбүз го, аман-эсен сакайып келсинчи, - деп Нурай жүрөгү түпөйүлдөнө карап коюп анан уулун өптү, - Кой эми мен барайын, Катя эже тамак даярбы?

- Ооба, даярдап койдум, - деп ал алып чыгып берди, Батма чынында эле подвалга киргенден коркчу, өзүнчө ойлонуп Нурдин келгенде көрмөк болду. Аңгыча күүгүм кирип Нурдин келип калды, экөө тамак ичип бөлмөлөрүнө киргенден кийин:

- Нурдин, бир нерсе айтайынбы? - деди.

- Айта бер, эмне болду?

- Атамдын байлыгы тууралуу.

- Кандай байлык? - Нурдин таңгала карап калды.

- Подвалга кирип көрбөйлүбү.

- Эмнеге кирмек элең?

- Мен бала кезде апам бир күмүш сандык көрсөткөн.

- Күмүштөн жасалган сандыкпы?

- Ооба, кадимки эле сандык, анын ичинде эмне бар экенин билбейм, бирок ал бөлмөгө бир адамды киргизчү эмес, кызматчыга дагы билгизбейт эле, тазалаганда өзүбүз гана кирчүбүз, баягы күнү Замир байкап калыптыр да, жеңем кыйын болуп ага иш жасатмак болуптур, мен чыгарып ийгенмин.

- Анан өзүң киргиң келеби? - Нурдин ага кызыга карады, өзү дагы көргүсү келип турган эле. Экөө кирип бара жатып бөлмөнүн эшигин бекем кулпулап анан түшүштү, Нурдин ичине киргенде күйгөн жарыктан улам кадимки эле бөлмөгө окшош кооз үйгө киргендей таңгалып турду. Төрт бөлмөнүн акыркысына келгенде узундугу бир метрге жетпегендей, туурасы жарым метр келген сандыкты көрүштү: "Апам муну ачкан эмес эле, эмнеге ичин асып көргөзбөдү экен, балким жалаң алтын бардыр же акчабы", - деп ойлонгон Батма Нурдинге карады, экөө тиктешип туруп калышты. Нурдин: "Кайнатаңда кен бардай, өзү дагы сугалак эмес, ошону үчүн байлыкты туура пайдаланып жатат, башка болгондо эбак өлтүрүп кетмек, бизнес менен гана жашагандай көрүнөт, мен жездемдин сөзүнөн байкап калдым", - деген Тариелдин сөзүн эстеди...

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться