Айгүл ШАРШЕН


"Заардуу өгөй ата"


Адил ойлонуп көпкө отурду, үйлөнүп үч балалуу болсо дагы башынан өткөн азаптуу күндөрү такыр эсинен кетпейт. Басса-турса дагы өгөй атасы Жантайдын заардуу көз карашы, апасын ур тепкиге алып сабап жатканы көз алдына тартылып муштумдары түйүлө жаак тарамыштары кычырап көзүнөн от чачыла түшөт: "Азыр тирүү болсоң, дал мени кыйнагандай кыйнамакмын, неге мени ошончолук жек көрүп өттүң экен", - деп алат оюнда, Жамийла уулун канчалык коргогону менен алы жетчү эмес, бирдеме десе эле заарын чача сөгүнүп уруп согуп, жадагалса экөөнү тең жертөлөгө камаган кездеричи, Жамийла азыр элүүлөрдөн өткөн ак жуумал балпайган аял, жыйырма төрт жашында күйөөсү өлүп жесир калганда атасы анын көңүлүнө карабай туруп ушул Жантайга берип ийген, Адилбек ошол кезде үчкө толуп толо элек наристе болчу...

Жантай беш бир туугандын ортончусу, эки аял алып балалуу болбогондон кийин ата-энеси Жамийланын ата-энесине кайра-кайра келип: "Төрөп түшкөн жаш неме бизди дагы неберелүү кылаар, баласын өз балабыздай көрүп бапестеп алабыз", - дешип алышкан. Жантай ошол кезде жакшы эле болчу, иштеген иши, жашаган жашоосу эл катары эле, анын жашоодон күткөн көп жакшы асыл максаттары бар эле, бирок бир эле түн анын жашоосун чагылган түшкөндөй астын үстүн кылып кетти. Жамийла күйөөсүн сүйүп тийген болчу, анын өлгөнүнө ишенип ишенбей көз жашы али токтой электе жылдыгын бергенден кийин эле ата-энеси алып баса берди, оо ошол кездеги Жамийланын абалын айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес эле, үчкө толо элек уулун кучактап алып аргасыз Жантайга тийди. Келгенден жумага жетпей эле өздөрүнүн үйүнө бөлүнүп алышкан, Жамийланын көңүлү ачылбаганын көргөн Жантай:

- Жамийла, эмнеге сузсуң, же мага тийгениңе өкүнүп жатасыңбы? - деди.

- Жо-ок, андай деле эмес, көнүшүп кетээрбиз, - Жамийла аны карабастан жер карап жооп берди.

- Мейли, өзүң билесиң.

- Чыдай тур...

- Макул, - деп өз ишине алектенип кеткен, арадан он күнчө өтпөдү, Жантай жумушунан келе жатканда анын алдынан беш-алты жигит чыкты:

- Эй токто, кайда шашыласың? - деп аны бири көкүрөккө түртүп токтотту.

- Силерге эмне керек? - Жантайдын ачуусу келе өзүн түрткөн немени кабак тырыштыра карады, - Жол тигине, менин кайда бара жатканымда эмне ишиңер бар?

- Эмне, тили узун го мунун, кыскартып койбойлубу? - деп жанагы неме артындагыларга ырсайды эле алар каткыра күлүп тегеректеп калышты.

- Менин тилимди кыскартчу силер эмес, тынч кетип калгыла, - деп Жантай жол менен өтүп кетээрде аны бирөө желкеге бир койду эле көзү караңгылай түштү, ошол бойдон эртеси ооруканада эсине келди, башы көзү жарылган, бүт денеси өзүнүкү эместей, үстүнө оор жүк таштап койгондой кыймылга келбейт.

- Мага эмне болду, ким алып келди?

- Алдыңа кетейин ай, кандай тилеги куурагырлар экенин билбейм, сени ур тепкиге алып жатканда тиги Аскар деген көрүп калып жетип келсе качып кетишиптир, - Селки ыйлап-сыктап айтып отурду.

- Жамийла угуптурбу?

- Ал жаш баласынан чыгып келе алган жок.

- Мм... - Жантай онтоп жиберди: "Демек ага баласынан артык эчтекенин кереги жок экен да, алигиче күйөөсүн дагы унута элек", - деп ичинен жек көрүп алды, аны Селки кайдан билсин:

- Жамийла азыр келип калаар, Камила кетти, Адилди карап турат, - деп айта салды, Жантай унчукпады.

- Аны тим кой, келбесе койсун, ургандарды билдиңерби?

- Милицияга айтканбыз, териштирип жаткандыр.

- Эмнеге мени мынчалык ургулары келди экен, себебин билсем...

- Кой балам кекенбе, кекти каапырга берген дешет, сен минтип аман калганыңа шүгүр садага.

- Ден-соолугумчу апа? - Жантайдын ачуусу келгенинен көздөрү канталап кетти, ошондон кийин ал ачуулу да заардуу да болуп тагдыры таптакыр башка нукка бурулду. Башынан алган жарааты менен табарсыгына тийген катуу соккунун запкысын көп тартты, ооруканаларга жатып дарыланып жүрүп арадан бир жыл билинбей өтүп кетти. Жамийланын буту оорукана менен үйдүн ортосунда калды, үйүнө келген Жантай акыркы жолку врачтын анализдерин текшерип айткан сөзү эсинен чыкпай түнөргөнү түнөргөн.


- Жантай, бир аз өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы? - деди Жамийла бир күнү.

- Өлсөм кубанар белең? - Жооп ордуна Жантай заардуу карады.

- Ал эмне дегениң, мен сага кантип жамандык кааламак элем?

- Көп сүйлөбөй ишиңди кыл! - деп Жантай ага каарын чача карады эле Жамийла унчукпай чыгып кетти: "Ажырашып алышыш керек, эми мага үй-бүлөө күтүп жашоого болбойт, ансыз деле кетет, канчага чыдамак эле, же ачык эле айтсам бекен, жо-ок антип элге күлкү болгум келбейт, андан көрө Жамийланы өмүр бою кетирбей жашай берем, керек болсо кор коркутуп бирөөгө айтпа деп күч менен кармайм", - деп ойлонуп отуруп: "Мен эми эч качан эркек боло албайм, экөөбүз бир төшөктө эки аялдай болуп өмүр кечиребиз деп кантип айтам. Аттиң же ошондо неге өлбөдүм экен, тирүүнүн өлүгү болуп өмүр бою аялга жарабай жашоо улантканымча өлгөнүм артык эмес беле", - деп отурган жеринен тамак-аш ичкен үстөлдү бир муштаганын өзү дагы билбей калды, үстөл үстүндөгү чыны, тарелка менен идиштер ыргып жерге түшүп быркыранып бычак өзүнө келип бетине тийгенде катуу тилип кетти, дагы жакшы көзүнө тийбегени, сырттан анын үнүн угуп кирип келген Жамийла бетин басып калчылдап турганын көрүп чыйпылыктап жиберди:

- Эмне болуп кетти Жантай?

- Жого-ол көзүмө көрүнбөй! - деп бакырганда Жамийланын артында турган Адил коркконунан бакырып ыйлап ийди, - Жоголгула көзүмө көрүнбөй, силердин келгениңер каргаша болду мага, мен үчүн силер кара жолтой болдуңар!

- Болуптур Жантай, жоголсо жоголобуз, баланын жүрөгү түшөт, - деп Жамийла уулун көтөрө калып сыртка чыгып кетмек болгондо Жантай аны карыдан жулка токтотту:

- Кайда, кай жакка жоголмоксуң, менин тагдырымды орто жолго салып коюп анан куйругуңду түймөксүңбү?

- Менби, Жантай кудайды карасаң боло, мен эмне кылдым? - Уулун колуна көтөргөн Жамийланын көзүнөн жаш мончоктоп куюлуп жатты.

- Отур, эч жакка кетпейсиң? - деген Жантай сыртка чыгып кетти, дагы эмне болуп кетет деп корккон Жамийла Адилди ички бөлмөгө жаткырып анан чачылган идиштерди жыйнап шыпырып кирди, ал күнү Жантай кайра үйгө кирбеди, Жамийла уулунун жанына кыңкайып кирпик ирмебей чыкты. Ошентип азаптуу күндөр башталды, бир күнү Жамийла ыйлап-сыктап ата-энесиникине уулун көтөрүп кетип калды. Кирип эле буркурап ийген кызын көргөн Садык:

- Кызым эмне болду, деги жайчылыкпы? - деп Адилди колунан ала койду.

- Сиз неге мени бул азапка салдыңыз, мен тозокто калдым, баламды ал бир күнү өлтүрөт! - деп боздоп жатты.

- Отур кызым, - Айымкан токтоо кызын төшөккө отургузду.

- Кантип сенин көз жашың төгүлсүн деп ойлоюн кызым, сени бактылуу гана болсун деген ниетте макул болуп койбодумбу, - Садык күнөөлүүдөй күңк этти.

- Жантай мени күнөөлөп кара жолтой деди, эгер биз анын жашоосунда...

Ошол учурда Жантай кирип келди, Жамийла сөзүн унута жалдырап туруп калды.

- Кандайсыздар ата, жакшы жатасыздарбы? - деп Жантай эч нерсе болбогондой жадырай учурашып киргенде Садык менен Айымкан эмне дээрин билбей калды.

- Кел-кел балам, - Садык жер карай үн катты.

- Жамийла, айтпай баса берипсиң да, көөнүм тынбай артыңардан келдим.

- Жантай, антип куланбачы, мен эми сени менен жашай албайм! - деп Жамийла жаштуу көзүн ага кадады, - Эчтеке болбогондой түп көрсөткөнүн кара, экинчи келчү болбо, көрөйүн деген көзүм да жок!

- Жамийла! - деди Садык кызын тыя, - Антип бүтүм чыгарбай кызым, үй-бүлөөдө уруш-талаш болот, биз дагы билели силердин урушуңардын эмнеден болгонун, куда-кудагый дагы уксун...

- Ата, мени көз көрүнөө эле ажалдын чеңгелине салып бересизби?

- Жамийла, антип айтпасаң, - Жантай ыңгайсызданып чынында эле момун адамдай момурай карады, - Өзүң эле өлгөн күйөөңдү эстеп ыйлап отура бересиң го, мен деле түшүнөм дечи унутаар деп күтүп жүрөм.

- Кой балам, андай дебе, - деди Айымкан, Өлгөн өлдү, тирүүнүн күнү көп, өмүр улана берет.

- Калп апа, калп айтат, - Жамийланын көз жашы токтоор эмес, улам соолуктай кайрадан мурдун шырылдата токтоно албай жатты.

- Мен деле түшүнөм апа, Жамийлага деле кыйын дечи, өзү эле ыйлап отура берет, же үйдө аялымдын бар жогун билбей калдым, кийим-кечем жуулбайт, ысык-жылык тамак жасабайт, мен жокто жасайт муздак тамак ичем, бирок бир ооз эчтеке дебейм, - деп Жантай калпты чындай кылып айтып жатканда Жамийла эмне деп актанаарын билбей өзүн жаман сезип күйөөсүн жек көрүп турду.

- Ушунчалык акмак экениңди эми көрүп-билип туруп сенин босогоңду аттайт деп турасыңбы? - деди анан акырын, - Неге менин тагдырымды ушундай адамга тапшырдыңар, өз колуңар менен гүлдөй кылып багып өстүрүп алып акыры бир жан кечтиге башымды байладыңарбы ата, апа?!

- Кой кызым ыйлаба, бүгүн биерде кал, анан көрөбүз, - деди Садык, ал кызынын көз жашын көрүп жибергиси келбей турганы менен: "Балаң кургур десе, күйөөсү экөө абдан ынтымактуу эле, унута албай кыял көрсөткөнү чын чыгаар, ачуусу тараар, анан көрөбүз", - деп ойлонуп жатты ичинен. Бирок Жантай кетпей калып калды, түнүндө Жамийла жаткан бөлмөгө кирип келип кыйкырмак болгондо оозун баса калды:

- Үнүңдү чыгарба, сен менден кутула албайсың.

- Чыгып кет, менин сени көргүм да келбейт!

- Эң сонун көрөсүң да, сүйгөнүңдү дагы эстегис кылам, үнүңдү чыгарып же ажырашам десең баарыңды өлтүрөм, сен үчүн ата-энеңдин жанатка кетишин каалабасаң үн дебей эртең менен кетесиң, - деди да туруп бөлмөдөн чыгып кетип калды. Жамийла көз жашын көлдөтүп жатып калды, ошол түндүн узактыгы ай, же бир таң атсачы, же көзү илинсечи, ары толгонуп, бери толгонуп ар түрдүү ойду ойлоп бир чечимге келе албай жатты, кантип ата-энесин курмандыкка чалат: "Алтыным атакем, апакем... Мен кантип силерди кыя алам, мен силер үчүн, Адилим үчүн өз башымды азаптан куткарууга далбастабай куруюн, эми мени Жантай өлтүрсө ошол үйдөн гана өлүгүм чыксын, тирүүнүн өлүгү болуп жашоого аргасызмын", - деген ойго токтолду, ошол кезде терезеден таң аткандын белгиси катары жарык шоолалап тооктор кыйкырып калган убак. Туруп кийинип баласын кийинтип жуунуп келди да эрте туруп сыртта ары-бери басып жүргөн атасына:

- Ата, биз кетели, - деди акырын.

- Кызым...

- Ушундай дурус болоор ата.

- Бир эки күн турсаңар болмок.

- Жок ата, кете турган болгон соң... - деди да үйгө кирди, Айымкан дасторконун жайып койгон, баары чогуу отурганда Жантай кирди, ал акырын көз кыйыгы менен Жамийланы карап кытмыр жылмайып алды: "Мен сени эми өмүр бою кое бербеймин, менин эркек катары аялга жарабаганымды эч качан эч ким билбей турган болот, оозуңдун чыкканын уксам ошол күнү өз жаназаңды өзүңө окутам", - деп ойлонуп катарга отурду. Эч кимиси үндөгөн да жок, Садык өз ичинен: "Эмнеге мынча эрте кетем деп калды, курган кызым ай, башында мен бербей эле койсом болмок экен, кандай болот, кантип жашап кетет, деги аман болуп көз жашы төгүлбөсө болду", - деп ойлонуп жатты. Айымкан: "Мен буга көңүлүм келген эмес эле, ата-энеси жакшы адамдар деп Садык болбой туруп албадыбы, каргадайымдын жүзүнөн күлкү көрө албадым, бул бир сырды жашырып отурат, жүрөгүндө зил бардай, өзүм кабар алып турам, бирдемесин билсем алып баса берем", - деген ойдо. Таңкы чайды унчукпай отуруп ичишкен соң Жамийла үн катпай көтөрүлдү да Жантайдын алдына түшүп чыгып кетти. Садык менен Айымкан аларды узата ичтеринен сызып кала беришти, Жамийла жол бою көз жашын көлдөтүп келе жатты, Адилбек бала эмеспи, ошентсе дагы улам апасын карап көз жашын быйтыйган колдору менен аарчып, көкүрөгүнө башын коюп Жантайды караганда коркуп бара берди.

- Болду, күйөөң эми өлгөндөй боздобой, - деди Жантай бир кезде аны нукуй акырын.

- Сүйлөбө мага, сендей акмакка тушуккан пешенемдин шору...

- Дагы өкүнө турган кезиң боло элек, - деп кекетип кое берди Жантай.

- Мага десең кескилеп же!

- Бас жаагыңды, элдин көзүнчө сабап өлтүрөм.

- Өлтүргөнүңө кайылмын, кай жерден болсо баары бир.

- Сүйлөбөй кал деп жатам, - Жантай аны бөйрөккө муштаганда Жамийланын көзүнөн от чачырай түшүп мөлт эткен тамчы жаштар этегине таамп жатты. Адил көздөрүн алаңдата бүрүшүп апасына жармашат, куду кулаалыдан корккон балапандардай апасынын канатына калкаланган, аттиң баланын бактылуу өскөнү кандай жакшы. Бирок өксүп өткөн балалыкты ким кайрып бере алат? Жантай чынында жакшы жигит эле, токмоктон кийин башынан алган жарааты, аялга жарабай калышы аны таптакыр өзгөрттү. Кеп угуп уга электе кыйкырып ачуусу бат-бат келип, тамак ичкени азайып күнү-түнү чылымды тез-тез чегип, уйкусу качып калды. Таштан бир күнү келип калды, эт-аш менен азык-түлүк алып келип жер жемиш салып алган.

- Кел уулум, алма жей гой, - деп чакырды Таштан Адилди, ал жалтаңдай Жантайды карап тура берди, - Келе гой уулум, жемиштерден жей гой.

- Жебесе койсун, аны эмне кыласыз? - деп күңк этти Жантай.

- Ай балам, ал эмнең, балада эмне күнөө, андай катаал болбо.

- Келип жей бербейби, - деп туруп кетти, Таштан уулунун бул түрүн көрүп: "Курган бала, балага катаал окшойт, өгөйлүк кылып жүрөгүнүн үшүн алган го", - деп ойлоп жүзүм, алма-алмуруттан алып Адилге барып карматты, - жей гой уулум, тартынбай жүр.

- Ата, чай ичкиле, - деп аңгыча Жамийла чакырып калды, Жантай басып кеткен бойдон келбеди, - Жантайдын кыял жоругу өзгөрдү ата, Адил экөөбүздү күң-кул катары пайдаланып калды, - деди дасторконго отурганда Жамийла көзүн жашылдантып.

- Чунак бала десе, жанагы токмок жегендин залалы го?

- Ошондой го, бирок ата мен деле адаммын го, апам келип кетсинчи...

- Ма-акул балам, мен барып эле жөнөтөм.

- Мен мындай чыдай албай бара жатам, баламды бир күнү өлтүрө чаап коебу дейм, бир аргасын таппасаңыздар мен уулум экөөбүздү тең өлтүрүп эле кутулушум мүмкүн.

- Кой антпе балам, мен дагы айтам, апаңды жөнөтөм.

- Мени кечириңиз ата, минтип айтпашым керек эле, өзүмдү көрдөгү тозок отунда жүргөндөймүн, жашоонун маңызы дагы калбай калды.

- Капаланба балам, баары ордуна келет, Жантай акырындап өзүнө келсе баары ойдогудай болот, - деп Таштан келинине ишенди, ал врачтын айтканын уккан: "Башына тийген катуу соккудан жабыр тартып баш мээге запкысы тийген, катуу ачууланып эмне кылганын билбей калышы мүмкүн, этият мамиле кылып сак болуп тургула, балким жакшы болуп кетет же биротоло айнып калышы да мүмкүн, ошондуктан врачтын көзөмөлүндө болуп турушу мүмкүн", - деген. Ойлонуп калды, Жантай абдан кеч келди, Жамийла үйдө уулу менен жатып алган, бирок ойгоо эле, түн терметкен уйкусуз түндөрдүн бири. Таштан сыртта аны күтүп аркы-терки басып жүргөн болчу.

- Келдиңби уулум? - Утурлай басты.

- Уктай элексизби? - Жооп ордуна суроолуу карады.

- Кайдагы уйку, айтпай дебей чыгып кетсең, - таштан наалый карады.

- Жарыктык, - Жантай мыйыгынан жылмайды, - Кеткенде келем да...

- Үй-бүлөөң болсо, сен жооптошпой чыгып кеткениң болбойт.

- Мейли ата, жатып эс ал, - Жантай көп сүйлөгүсү келбей үйгө кирди да өз бөлмөсүнүн эшигине келди, - Эртең сүйлөшөбүз.

- Макул эс ал, мен дагы жатайын, - Ата-бала өз-өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти, Жамийла диванда отуруп уктап жаткан.

- Жамийла, төшөк салынуубу? - дегенде чоочуп ойгонду.

- Ооба, даяр эле...

- Бас жаталы.

- Азыр, - Жамийла оор деп ала улутунуп алып анын артынан чыгып өз бөлмөлөрүнө киришти.

- Атама бирдеме дедиңби?

- Эмне демек элем?

- Сен бул үйдө эмне болуп жатканын жан адамга айтпашың керек.

- Мени ким деп турасың?

- Болду укта, - деди да ары карап жатып калды, Жамийла унчукпай анын катарында жатты, бири-бирине дем алгандары угулуп турду, экөө тең уйкусу келбей түйшөлүп жаткан, көп өтпөй Жантай сыртка чыгып кетти, аздан соң терезеден Жамийла карап анын аркы-терки басып чылымды улам ыргытып кайра күйгүзгөнүн көрүп: "Бул соо эмес, ооруканадан чыккандан бери эрди-аялдай болуп жата элекпиз, заарын чачып зиркилдегенден башка бир дагы жылуу сөзү жок, чылымды мынчалык неге көп чегет, бир нерсе болгон", - деп ойлонуп кайра ордуна жатып калды.

Анын ооруп калганын Таштан да сезди, көрүп алып зээни кейиди, "Курган балам ай, жан кечтилердин айынан азап чекти, ошолорго кудайдын каргышы тийсин, жазасын улук алла берсин, кандай болоор экен эми, келинимди дагы кордоп коет го, апасын жөнөтөйүн, кишиден көзүн ала качып калыптыр, бир кооптуу иш кылып коюшу мүмкүн", - деп түнү бою кирпик какпай чыкты. Эртеси эрте туруп чайга отурганда Таштан жүрөк өйүткөн оюн ортого салмак болду:

- Балам, доктурга көрүнсөңчү, түнү бою уктабайт экенсиң.

- Жарыктык, эмнеге көрүнөм, сопсоо элемин.

- Ошентсе дагы бир текшерүүдөн өтүп койсоң болмок уулум, сен чыгаарда доктуруң келип тур дебеди беле?

- Кереги жок, дени кардым сопсоо туруп эмнеге бармак эле ата?

- Түнү бою сени карап отурдум, уйкуң качып бирдемеге кыжаалат болгондойсуң, ден-соолукту кайрып алуу оңой эмес, алдын алышың керек.

- Жок ата, мен сопсоомун, уктуңарбы сопсоомун! - Жантай туруп кетти, Жамийла алдындагы чайын мелтиреп караган бойдон катып калды, Таштан үн дебей туруп сыртка чыгып кетүүгө камынды, Жамийла дайындагандарын салып берип жөнөтүп кала берди, Жантай аны өзү таксиге салды.

- Уулум, эми жаш эмессиң айтканымды жакшылап ойлонуп көр.

- Ата, кабатыр боло бербеңиз, апама салам айтыңыз.

- Макул балам, келинди алып үйгө барып келсеңер болот эле.

- Кол бошобойт ата, бошосом барам, жакшы барыңыз.

- Жакшы жүр балам, аман тургула, - деп Таштан баласын кабатырлана карады, такси жүрүп кетти, Жантай колун булгап карап турду, атанын ичи тызылдап уулунун эртеңкиси жүрөгүн оорутуп карап кете берди. Атасын узатып кайра келген Жантай эшиктин алдында ойноп отурган Адилди карап туруп калды, ал бейкапар ойноп жаткан, эңкейип анын колундагы оюнчукту алып ыргытып жиберди.

- Мен сени көзүмө көрүнбөй жүр дебедим беле?! - Тап бере токтоду.

- Апа-а! - Адил ачуу чыңыра колу менен жүзүн калкалап бүрүшө калды, - Тийбеңизчи ата!

- Ата дебе, мен сага атаң эмесмин, - Башка чаап ийди.

- Ата, тийбеңизчи мага, - Качып кетмек болуп бара жатып жыгылып кетти, - Апа-а!- Эмне болду балам? - Жамийла чыга калды.

- Балаң өлгөн жок! - Жантай терс бурулду.

- Жинди, акмак десе, балага окшогон жан алгыч көрүнөбү сага, жаш баланын эмне күнөөсү бар?

- Бас жаагыңды, тилиңди тартып кал!

- Тартпайм, же өлтүр же кетир бизди! - Жамийланын ачуусу келгенинен жүзү купкуу болуп мууну калчылдап турган эле, - Сага тийген жазыгымдан башка эмне күнөөм бар, эми жылым эки кылымга тете болду го, сени менен жашаган күнүм тозокко айланды.

- Сени оңой өлтүрө койсо дейсиңби? - Жантай жинди немедей ага ыржая түсү өзгөрө карады, - Өлтүрүү оңой, - деди да алаканын жаза кулак түпкө бир урду, Жамийла сендиректеп көзү караңгылап этегине жармашкан уулун аярлап барып тизелей жерге күп эте жыгылды.

- Акма-ак, биротоло өлтү-үр!

- Апа! - Адил апасын кучактап ыйлап жатты.

- Азыр балаңды ыргытып жиберем, - деп келе жатканда Жамийла уулун калкалай калды.

- Тийбе балама, анда күнөө жок!

- Эмне, күнөө жок дейсиңби? - Жантай жиндене Адилди кулактан алганда бала чыдабай бакырып ийди:

- Ата-а!

- Тийбе Жантай, мени эмне кылсаң ошо кыл, Балама тийбе! - Жамийла чырылдап Адилди анын колунан бошотмок болуп жатканда коңшуларынан беш-алтоо кирип келди.

- Силерге эмне керек? - деп зиркилдей карады Жантай, - Менин жашоомо кийлигишпегиле!

- Жантай, ачуудан эр өлөт деген бар, - деди улгайган коңшусу, - Булардын эмне күнөөсү бар, аял баланы чыркыратканың туура эмес.

- Ишиңер болбосун! - Жантай ушинтти да ичкери кирип кетти.

- Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат дейт, ачуусуна тийип койгонсуң го айланайын?

- Эки жылдан бери Жамийланын сырын билип эле калдык го, эч бир үн сөзү жок, деги эмне болуп кетти ботом?

- Казан-аяк кагышат дечи.

- Ушунчалык кантип болсун?

- Ооба десең...

- Бакпай балээңден сакта...

- Эми эле ачуусу тараса сенден кечирим сурайт, эркектин бери караса жүзү жылуу, ары караса соорусу суук деген да ошол үчүн, эчтеке эмес кызым кайра эле табышып оокатыңарды кылып кетесиңер, - деп ар кимиси ар кайсыны айтып туруп тарашты.

- Апа, кетип калалычы, - деди Адил капыстан.

- Эмне? - Жамийла баласын делдээ карады, анын эки тизеси сыйрылып канап жаны кейип оюна эчтеке келбеди.

- Кетеличи апа, эт кеткенден кийин дагы урат да, - Ыйламсыраган уулун эне бооруна кысып чачынан жыттап көзүнөн мөлт эте жаш куюлуп кетти.

- Жок уулум, көп сүйлөбө.

- Кетеличи апа, - Адил жалдырай ыйлап жатты: "Кокус дагы кетип калсак атамдарга зыяны тиет го, же милицияга барып арыз жазсам бекен", - Жамийла ойлонуп отура берди.

- Апа биз деле кетеличи, дагы урат атам, - Адил бала болсо да эл менен бирге кетип калгысы келип турду, бирок элдин көзүнчө апасы кетпегенине таарынып, жаш жүрөгү зыркырап кайрадан Жантайдын жүзүн көргүсү келбей турганын Жамийладан башка эч ким сезбейт эле. Баары кеткенден кийин Жамийла муңкана үн чыгарбай ыйлап улам уулунун башынан сылап өөп коюп отура берди, оюнда ал азыр дароо эле милицияга арыздангысы келет, бирок коркот, канча отурганы белгисиз Жантай үйдөн чыгып:

- Тамак бербейсиңби? - деди.

- Азыр, - деген Жамийла жүрөгү зырп эте ордунан турду, уулун кучагына кысып ичкери кирип ашканадан идиш аягын калдыратып качан кирип келип уулун же өзүн шалак эте чаап жибере тургандай элеңдеп жатты, Адил болсо апасын бучкактап жанынан чыкпайт. Качан тамак даяр болгондо гана Жамийла баарын даярдап коюп анан Жантайды чакырды.

- Даярбы? - деп келип отурду, - Тамагың эмнеге даамсыз? - Жантай бир кашык ууртап көрүп Жамийлага карады.

- Жакпадыбы, башка жасайын, - деди Жамийла токтоо.

- Жок, кереги жок, болот эми, - деп кайра тамагын ичип жатып көзүнүн төбөсү менен Адилди карады, ал капыстан анын көз карашына көзү чагылыша түшүп жер карап ичип жаткан тамагына какап кетти: "Мен эми мындай баланы көрө албайм, ыңаалаган аталаган үнүн да уга албайм, ал турсун аялдын кумарын да көрбөйм", - деп ойлонуп дароо туруп кетти, ал кийинки күндөрү ичкен ашын таштап туруп кетчү болгон. Жамийланын тамакка табити тартпай ойго чөмүлүп мелтиреп отура берди, Адил дагы томсоруп апасын карап улутунуп алды:

- Апа, кетип калалычы, - деди бир топтон кийин.

- Жок уулум, атаң жакшы киши, сени жакшы көрөт, ал ооруп жүрбөйбү, сен антип айтпа ээ? - деп Жамийла уулун өөп койду.

- Эмнеге бизди уруша берет?

- Оору деген ошо да уулум, - Жамийла оор үшкүрүп ийди.

- Эмнеси ооруйт?

- Башы.

- Башы ооруса уруша береби апа?

- Ооба балам, баш оору жаман да.

- Аа-а, - Адил түшүнө бербесе да унчукпай калды.

- Садагам менин, үмүтүм тилегим, каралды-ым, - Жамийла эркелете чачынан жыттап бооруна кызып көзүнөн мөлтүлдөгөн жаштар куюлуп солкулдап жатты.

- Апа, ыйлабачы ээ?

- Ыйлабайм каралдым.

- Таятамдар келбей койду ээ?

- Келишет, эми келсе сен таятаңдыкына кетчи балам.

- Кетпейм, сени өлтүрүп койсочу?

- Өлтүрбөйт, сен атамдардыкында болуп тур, мен артыңдан барам.

- Чын элеби, чын эле атамды таштап кетесиңби?

- Ооба, сенин жаныңда болом.

- Апа-а! - Адил апасын быйтыйган колдору менен бекем кучактап алып ыйлап жатты, - Мен атамды жек көрөм, ал биздин аркабыздан барбасынчы, кала берсинчи апа.

- Ал калат садагам, анын эми бизге кереги жок, - Жамийла оор үшкүрүп жиберди, Жантай кайдадыр кетип калды, уулун жылуулап жаткырып коюп, Жамийла үнсүз шыпты тиктеп жата берди, уйкусу келээр эмес, ойлору алда кайда учуп жок болуп көзүнөн аккан жаш жаздыкка сиңип жатты. Таңга маал эшик ачылып Жантай кирип алар жаткан эшикти ачты:

- Жамийла!

- Эмне болду?

- Тур, мага чай бер.

- Азыр, - Жамийла бүткөн бою талыкшый ордунан туруп бул дүйнөгө келгенине нааразы боло ашканага кирип чай койду, тамак жылытып анан дасторкон жайды, үнсүз чайын куюп берип жатканда:

- Кайда жүрдүң, ким менен болдуң дебейсиңби? - деди Жантай аны көзүнүн төбөсү менен карап.

- Кайда барасың өз ишиң, сураганда эмне...

- Эмнеге?

- Каалабаган кишиге жармашкым келбейт.

- Жабыш, сура кайда жүргөнүмдү.

- Дагы уруш чыгаргың келип жатабы?

- Жо-ок, эми уруш болбойт.

- Кудайым сактасын, ошондой эле болсун.

- Уктай бер эми.

- Сенчи?

- Мен дагы жатам.

- Таң атып калды.

- Эс ала бер...

- Макул, - Жамийла уулунун жанына кирип кыңкайды, ал аны жалгыз калтыргандан коркот, Жантай аны бир нерсе кылабы деп чочулап көз албай калган эле, ал жатаары менен эле көзү илинип кетти. Таң атып күн көтөрүлгөндө гана көзүн ачып чоочуп тура калды, сыртка чыкса Адил жаңы эле кирип келе жатыптыр.

- Апа турдуңбу? - деди ал жылмая.

- Ооба, сен качан турдуң эле?

- Азыр эле.

- Атаң жок бекен?

- Жок, көргөн жокмун.

- Уктап жатса керек, - Жамийла кайра ичкери кирип Жантайдын жаткан бөлмөсүн карап таппай калды, - Кайда кетти экен? - деп өзүнчө ойлуу сыртка чыгып жуунуп кайра кирди, чай коюп үйүн жыйнап коюп уулу экөө чай ичип отурганда Жантай кирип келди:

- Бар чык эшикке! - деди Адилге ызырына.

- Чайын ичип алсын.

- Анан ичет, экөөбүз сүйлөшүүбүз керек.

Ал ушинткенде эле Адил чыгып кетти, Жамийла үндөбөй ага чай куюп сунду, Жантай чайды ысык ууртап алып кое койду, бирдеме айтмак болуп бирок сөздү эмнеден баштаарын билбей турду. Жамийла мисирейип андан кандай сөз чыгаар экен деп күтүп жатты, сураган жок.

- Жамийла, - деди бир топтон кийин Жантай.

- Айта бер.

- Мен сага көптөн бери бир нерсени айтам деп айт албай...

- Неге, маанилүү болсо айта бер.

- Абдан маанилүү Жамийла.

- Угуп жатам, андай маанилүү болсо айткың келбей турса... эгерде мага айтуунун кажети болбосо тим кой Жантай, мен эч кандай деле тоскоол болбойм, каалаганыңды жасооңо болот, башка бирөөгө байланып калган болсоң каршылыгым жок, - деди Жамийла, ал Жантайды башканы сүйүп калды деп ойлонуп турду.

- Андай эмес Жамийла, өзүмө тиешелүү.

- Айта бер анда, - деп мостойду Жамийла, бул үйдө көптөн бери адам күлкүсү чыкпай калган, томсоруп ар кимиси өз-өзүнчө ойго батып жашоо өтүп жаткан, айрыкча баланын жан дүйнөсүндө адамдарга терс көз караш, жек көрүү гана бар эле.

- Жамийла мен...

- Эмне болду, бир жаман иш кылдыңбы?

- Жок...

- Анан эмне...

- Жамийла, мен сени менен бир төшөктө...

- Макул-макул жаткың келбесе жатпа, урушпай эле ажырашып алалычы Жантай.

- Эмне, сен менден ажырашкың келип калдыбы? - Ачуусу келе колун шилтеп барып токтоду.

- Анан эмне дегиң келет?

- Мен жарабай калдым, эми сени менен жата албайм!

- Эмне-е? - Жамийла ага ишене бербей карады.

- Ооба, келтек жегенимдин залалы ошо болду.

- Врач эмне дейт, көрүнүп көрбөйсүңбү?

- Ошо, врач өзү айтты, дарылаганда пайда жок дейт.

- Болсо болгондур...

- Жамийла, сен бул сырды сакташың керек, биз эрди катындай эле жашай беребиз, оозуңдан жел чыкпасын.

- Болуптур...

- Сен мага түшүндүң да?

- Түшүндүм.

- Анда сөз бүттү, Адил экөөңөр менин бүлөмсүңөр.

- Балалуу болбодуңар, ажырашып башка аял ал дешсечи?

- Аны мага кой.

- Макул, - Жамийла ишенип ишенбей турду, Жантай отуруп-отуруп чыгып кетти, аңгыча апасы Селки келип калды, - Келиңиз апа, кыйналбай эле келдиңизби?

- Келдим айланайын, Жакин үйдөбү?

- Жок, бир жакка кетип калды.

- Иштеп жатабы деги?

- Ооба.

- Көзүң жаштуу балам, урушуп калдыңарбы?

- Жок апа, эми кээде... балалуу аялдын батышы кыйын экен, - Жамийла жашка мууна мукактана муңканып кетти.

- Кантет ботом, балада эмне айып, Жакиниме ушундай эле мотурайган баланы төрөп берип койсоң болду, Адил азыр жаш да, Жакиндин колуна кол болот балам, - Селки отуруп жатып: "Чунак бала, өгөйлөйт окшойт, келиндин жүрөгүн ооруткан экен, жараткан ай башка балдарымдан ушунун тагдыры оор болду, кыркка чыгайын деп калды, балалуу болуп калса тынып-тынчып калат эле", - деп ойлонуп жатты.

- Апа, чай ичиңиз, чарчап келдиңиз го?

- Ичпей анан, Жакин келсе сүйлөшөйүн.

- Келип калаар...

- Жамийла.

- Оов.

- Бой-союңда барбы балам?

- Оо апа келдиңизби? - Жантай кирип келди, дал аңдып тургандай эле Жамийлага көзүн кысып койду, - Атам кечээ эле кетпеди беле, узак жолдо эмне убара болдуңуз?

- Атаң сенден кабатыр уулум.

- Эмнеге?

- Сени догдурга көрсөтөйүн.

- Жарыктык десе, атама айтпадым беле, мен жакшынакай элемин деп, - Жантайдын кабагы түйүлө ачуусу келгени жүзүнөн билинип турган.

- Бир көрүнүп кой да, - Жамийла ушинткенде Жантай ага карап зирпилдеп кетти:

- Дагы эмне дегиң бар, эмне деп көрүнөйүн?

- Ай-ай Жакин, бул эмнең кокуй, ачууң келип кеткени эмнеси? - Селки уулуна таңгала карады, - Мындай эмес элең балам.

- Ооба, мен ушундай болуп калганмын, силер мени жинди дегиңер келип турабы, врачка ошентип көрсөтөсүңөрбү?

- Болду! - деди Селки, ал кайраттуу аял эле, Таштанга караганда балдары апасынан тартынып турушчу, - Эркек деген эркектей эле болбойбу, догдурга көрүнгөндүн эмнеси жаман, биз сени оорубасын, дени-карды соо болсун деп жатабыз, жамандык кааламак белек?

- Апа, мен соо элемин дедим го? - Жантай жоошуй карады.

- Сопсоо эле адамдар көрүнүп текшерилип турат, ал сенин келечегиң үчүн керек, - деп өктөм сүйлөп жатты Селки. Жамийла унчукпай отура берди, Адил сыртта алардын сөзүн угуп отурду, карды ачып, зорго турат, кирип баргысы келгени менен Жантайдан коркот, - Ботом, Адил чай ичпейби, тигиндеги каймактан салып берсең боло.

- Ал анан деле ичет апа, - деди Жамийла сыр билгизбей.

- Баланын балалыгы баладай өткөнү жакшы балдарым, Адилди өксүтпөй өз балаңдай кара балам, эми кудай берип Жамийла төрөп түшүп алса Адилдин зыяны тийбейт, сага эш жардамчы болот балам, - деди Селки уулун сынай карап.

- Эмне болуптур, - Жантай Жамийлага карады, - Ушу сен апама бирдеме десең керек? - Ачуулу ызырынды.

- Эмне демек элем, жөн эле күмөнсүй бербечи.

- Жакшы, ал эмнең балам, Жамийла экөөбүз сүйлөшкөнгө үлгүрө элекпиз, анчалык ачуулангыдай эмне болуп кетти? - Селки уулуна таңгала карады.

- Апа, Адилди өз баламдай эле көрөм, ошого ачуум келди.

- Кайда жүрөт, чакырып кел Адилди.

- Азыр, - Жантай сыртка чыкканда Адил жер чукулап отурган, Жантайды көрүп ыргып турду, - Адил, бас кир үйгө!

- Азыр, - деп Адил тарткынчыктай туруп калды.

- Бол эрте, чоң энең чакырып жатат.

- Чоң энемби? - Адил кубанычтуу карады.

- Ооба, кир үйгө эрте, - Жантай кайра кирип кетти. Адил акырын үйгө кирди.

- Кел уулум, мен келсем жоксуң да, - Селки балага кучак жая өзүнө чакырды, - Кел садага болоюн.

- Болду, көп эркелете бербеңиз, жаман өсүп калат, - Жантай күңкүлдөй сүйүңкүрөбөй апасына кайрылды. - Баланы эркелетсе жаман болуп калат.

- Аны күндө эле ким эркелетип жатыптыр, мейли апам эркелетип койсун, - деди Жамийла ичи сыйрыла ыйлагысы келип турганын билгизбей сүйлөдү.

- Муну менен эмне дегиң келет? - Жантай Жамийланы акшыя карады.

- Эчтеке, ошону эркелеткенге убакыт барбы бизде?

- Мейли балдарым, чукулдашпай балага каймак менен майдан бергиле, курут дагы бар, алма менен ашпурт ала келгенмин.

- Азыр апа, - Жамийла шыпылдап кайненеси алып келген куржунду ачып баарын дасторконго койду, - Кел Жантай.

- Мен анан ичем, - деп Жантай эшикке чыгып кетип калды.

- Бу бала таптакыр өзгөрүптүр, кой дем-пем салдырбаса болбойт.

- Ошого макул болобу апа?

- Болот, айылга баргыла, молдого дем салдыралы.

- Чоң эне, атам апам экөөбүздү тең урат, - деди Адил ошол кезде.

- Эмне дейт ботом?

- Кечээ урганда апамдын буту оорубадыбы.

- Адил, алдыңдагыны жеп чай ичип ал дагы бөлмөңө кир.

- Макул, - Адил каймактан нанга сыйпап эми оозуна алып бара жатканда Жантай кайра кирип келе жатканда колундагы нан түшүп кетти.

- Адил, эмне болду уулум, наныңды жей кой садага, - Селки аны карап коендой көздөрү алайып жүзү коркконунан бозоруп кеткен баланы көрүп жүрөгү ооруп кетти.

- Тойдум, - деп туруп кетти Адил, Жамийла үн чыгарбай солкулдап ыйлап тура берди.

- Деги ушул балаңдын азабы өттү, ошол үчүн эле ыйлай берип мени дагы кыйнадыңар, - деп зекий карады Жантай аны.

- Кой балам, анткениң болбойт, Адил эми биздин дагы балабыз, Жамийланы келин кылып алаарда биз сөз бергенбиз, өз балабыздай көрөбүз деп, жаш балада эмне күнөө? - Селки токтоо карады, - Минтип жүрсөң качан балалуу болосуң балам, бала периште болот, кудайдан болуп Жамийлаым бир жаманды таап берип койсо көрөм, Адилге кандай караарыңды.

- Баланын кереги жок!

- Ок, антпе балам.

- Ооба апа, мен балалуу болгум келбейт!

- Кудай де балам, буттан тайыган турат, ооздон жаңылган өмүрү турбайт, аллага шүгүр деп жүр балам, али жашсыңар, бала тилегиле.

- Апа коюңузчу, бала дегенди угузбаңыз мага.

- Эмнеге кокуй? - селки уулун ормое карады.

- Ошол, менин балалуу болгум келбейт, Жамийлага дагы боюңда барбы деп суроо бербегиле, биз жөн гана жашайбыз, - деп үңкүйүп отуруп калды.

-Катыгү-үн, бул эмне дейт ыя? - Селки Жамийланы карады.

- Ал ошентет апа.

- Капырай, бул эмнеси экен, атаң экөөбүз сенин балдарыңды көрүү үчүн жашап жатпайбызбы.

- Турбайбы балдарыңдын балдары, менден күтпөгүлө.

- Сен эмне тукумсуз өтөсүңбү?

- Тукум, - Жантай кыжырлуу жылмайды, - Тукум калтыруу мага жазылбаган, Таштандан канчоо турат, жетет ошолор.

- Ойносоң дагы ойлоп сүйлө балам, ооз кесир кылба.

- Башка сөзүң жокпу апа, менин иштерим бар, - Жантай ордунан турду, - Жамийла, апама тамак жаса, мен кеч келем.

- Ой бала, мен койдун этин алып келгенмин, кайда барасың?

- Келем апа, - Жантай чыгып кетти.

- Кудай сактай гөр ай, бу балага бирдеме болгон, - Селки таң кала ойлонуп отуруп калды. Жамийла үндөгөн жок, өз иши менен алек болуп жүргөнү менен: "Бул чын айтабы же башка бирөө менен жүрүп алып эле ушинтип же ачык айтып кете албай жатабы, кайненемдер өмүр бою биз менен жашамак беле, мындан таптакыр качып кетсем кутулаар бекенмин", - деп ойлонуп жатты. Селки бир жумадай жүрүп Жантайды врачка же молдого көрүнүүгө макулдата албай кайра кетмек болду, ал кетмек болгондо Жамийла өзүнчө кыжаалат болуп жатты.

Сырдашып болгонун болгондой айтты, бир гана Жантайдын сырын айта албады. Селки келинине боору ооруганы менен эмне дээрин билбеди, ал тургай жубатаар сөз таппады. Негизинде Селки кыз-келинине бирдей мамиле кылып тең караган аял эле, Жамийланын көз жашын көргөндө жүрөгү тилине: "Алда курган балам ай, бул дагы бирөөнүн баласы го, кандайча мындай кыял күтүп калды, баласын таяталарына берсе экөө тынч жашап кетет беле, эми эмне деп жубата алам, эмне деп айтам", - деп ойлонуп отуруп калды. Муну Жамийла түшүндү, ал да нары тур жандардан эмес эле, кайненесинин сырын билгендиктен кайра өзүнө жини келди: "Эмнеге жүрөгүн ооруттум, мында эмне күнөө, баласы үчүн азап чеккидей эненин айбы кайсы эле, акылсыз жаным ай бекер айткан экенмин, бул кантип оңдомок эле", - деп зыңгырап калды.

Селкини жөнөтүп коюп үйгө келген Жантай:

- Ийи, апама эмнелерди айтып былжырадың? - деди үтүрөйө.

- Эмне дептирмин.

- Сага ишенбейм, ар кайсыны айттың да.

- Жантай ушинте бербечи, мени бир келесоо көрөт окшойсуң?

- Бара-бара тилиң узарып бара жатат да, - Ызырына жанына келди, - Кана дагы сүйлөчү.

- Сүйлөбөгөндө дудук белем, жаман сүйлөдүмбү?

- Эн-не-еңди! - деп бет талаштыра бир койгондо дубалга бир тийди, Адил чырылдап апасынын этегине жабышты:

- Ата, апама тийбеңизчи!

- Турчу шүмшүк, баары сенин айыңдан, - Жантай аны колунан алып ары түртүп ийди.

- Тийбе балага, анда эмне өчүң бар? - Жамийла Жантайга жетип жакасынан булкулдатып кирди, - Ага эмне мынча өчөштүң, ал менин болгон дүйнөм, бар жогум, мен ошол бала үчүн гана жашап жүргөнүмдү билесиңби?

- Эмне-е, ошол шүмшүк үчүнбү, а мен сага киммин?

- Мен үчүн сен эч ким эмессиң! - Калчылдай көздөрү чакчайып кетти.

- Ошондойбу? - Жантай аны силкип жиберип сыртка чыгып бир топтон кийин кайра келип Жамийланы колунан дегдеңдете сүйрөп чыгып короодогу терең казылган ороого алып барды, ал ороого шаты түшүрүп коюптур, күзүндө ар жылы картошка көмүшчү, жөнөкөйдө оозу ачылып бош эле турат. Анткени аба кирип кургасын деп оозун ачык коюшчу, - Түш! - деди Жамийлага өктөм.

- Жантай, бул эмнең? - Жамийла бир нерсени сезгендей жалдырай карады.

- Түш деп жатам, болбосо түртүп жиберем, - деди эле коркконунан алаңдай бирөө жарым көрүп калаар бекен дегендей эки жакты карап ылдый түшүп бара жатты, ным жыттанган муздак жертөлөгө түшүп бара жатып:

- Жантай, бул эмнең эми, мындай кылбачы, адамдай мамиле кылсаң боло деги, ачууңду тыйчы, - деп сүйлөнүп ыйлай берди, ошол учурда ыйлап апасын карап турган Адилди эки колунан кармады да жертөлөгө таштап ийди, аны Жамийла эптеп тосуп калганга үлгүрдү. Экөө тең күп этип жыгылганда шатыны алды да ороонун үстүн жаап коюп өзү басып кетти.

- Жанта-ай, койчу эми ачып койчу, бизди минтип жазалаба-а! - деп кыйкырып жатканын эч ким укмак эмес эле, уулун кучактап алып буркурап жатты, Адил караңгы жерде апасын бекем кучактап соолуктай берди:

- Кетип калалы десе болбойсуң, эми кантебиз апа?

- Эчтеке эмес уулум, ачуусу тараганда кайра эле чыгарат.

- Ачуусу качан тарайт?

- Эми эле тарайт, көрөсүң го? - Алдына алып муздак ным жерге отурду, заматта алдынан сыз өтүп тизелеп отурмак болуп жарасы айыга элек тизеси ооруп кетип тикесинен турду, бир кезде ыйлап жатып Адил уктап калды. Көзүнүн жашы көл болгон Жамийланын буттары, колдору уюп аргасыз жерге көчүк койду, төбөдөн болоор-болбос жарык көрүнөт, бир кезде бутуна чычкандар чый-чый этип келип кайра кетип калды. Жамийла коркконунан уулун оңдоп көтөрүп өйдө болду, Адил ойгонуп кетип:

- Апа, жаткым келип жатат, - деди.

- Азыр уулум, үйгө киребиз.

- Үшүп кеттим, кардым ачты.

- Садагам десе, күн жылуу азыр, - Жамийла эмне деп айтаарын деле билбей мостое сүйлөп жатты, - Азыр ысы-ык чай берем, тамак ичесиң уулум.

- Бизди чыгарбай койсочу?

- Жо-ок азыр чыгарат, - Жамийла өйдө карады, - Жанта-ай, бизди чыгарып алчы, кудай жалгагыр алып чык мына бул көрдөн!

- Апа, бул көрбү?

- Жок уулум, бул ороо, картошка көмгөнүбүздү көрбөдүң беле.

- Ооба, анан эмнеге көрдөн дедиң, көр деген эмне?

- Чуңкурду айтат уулум, - Эне бала алаксып калганда чычкандар чый-чуй этип буттарына келип жөрмөлөп жүрдү, Жамийла баласын колу уюп кетсе да көтөрүп тикесинен туруп чычкандарды тепкилеп жолотпой тепкилеп айбат берип жатты. Бара-бара жарык билинбей түн кирип бара жатты. Бир кезде Жамийла баласын жерге түшүрүп өзү тырмышып өйдө чыкмак болду, бирок эч оңтою келбеди, зынданга окшоп терең эле, үч метрге жете, ичи абдан кенен, эки-үч тонна картошка батчудай, жерден бир нерсе издеп таппады. Эптеп тепкич жасамак болуп колу менен боорун чукулады эле катуу экен, тырмактары сынып, колу жараланды, бирок тепкич жасаганга болбоду.

- Апа-а! - Адил бакырып жиберди, - Чычка-ан!

- Коркпо уулум, - Жамийла калдастай уулун кучактап көтөрө койду, - Коркпо уулум, азыр үйгө киребиз, тамак ичебиз, токтой тур, мен эптеп тепкич жасап анан чыгып кетебиз.

- Атама көрүнбөй качып кетеличи.

- Ооба, чыгып алсак эле качып кетебиз.

- Таятамдардыкына кетебизби апа?

- Ооба, таятаңа барабыз.

- Ур-ре! - Адил кубанып кетти, кантсе да бала эмеспи, Жамийла жанталашып боорду тырмалап жатты, бирок оюлар эмес, түн кирип ороонун ичи көзгө сайгыс караңгы, уулун көтөрүп бир колу менен топурак шилеп жаткан Жамийланын буттарын чычкандар тиштегилеп бара-бара көбөйүп бара жаткансыды.

- Жанта-ай! - Жамийла бакырып жатты, канча убакыт өткөнү белгисиз бир кезде төбөдөн жылдыздар көрүнө түштү, - Жантай, айланайын, баламды сактап кал, мен баарына кайылмын, мейли мени чычкандарга жем кыл, бирок Адилдин эч күнөөсү жок, ал наристе эмеспи, аны сактап ка-ал!

- Эмне, сен өзүң өлгүң келеби? - Жантай кытмыр жылмайды, анын жылмайганы караңгыда көрүнгөн да жок, бирок табалап, шакабалаганы үнүнөн сезилип турду.

- Ооба, балам аман калса болду, мени жазаласаң жазала, баламда эч күнөө жок!

- Ха-ха-ха! - Жантай күтүүсүз каткырып жиберип карааны төбөдөн көрүнбөй ары басып кеткени угулуп турду.

- Жантай, Жантай жардам бер! - Жамийла кайрадан кыйкырып киргенде ылдый көздөй шатынын түшүп келе жатканын сезди, эңкейген Жантайдын караанын көрүп ый аралаш кубанып кетти,- Оо кудайым, сактадыңбы уулум экөөбүздү, ыраазымын жараткан, жараткан да жалгаган да өзүңсүң пенделерди сүйүктүү алласы! - деп жиберди да шашыла Адилди чыгара баштады, - Чык уулум, чыга кой садага.

- Өзүң чык! - деди ошол учурда Жантай өктөм.

- Жантай, андай кыла көрбө, уулумду биринчи чыгарайын.

- Болбосо экөөңөрдү тең чыгарбайм! - деген Жантай шатыны тартып алмак болгондо Жамийла уулу жармашкан шатыны бекем кармап алып жалбарып жатты:

- Айланайын Жантай, чычкандарга жем болгуча өз колуң менен өлтүр, баламды аячы кудай жалгагыр! - деп жатканда шаты кыймылдабай калды, адегенде Адил чыгып артынан өзү чыккан Жамийла ичке кирбей солкулдап уулун кучактап сыртта түнкү жымжырттык менен ичиркенткен салкын абада отура берди. Жантай аларга басып да келбеди, уйкуда ар жок демекчи Жамийла уулун алдына алган бойдон уктап калыптыр, көзүн ачса эбак эле таң атып айлана тирүүлүктүн кучагында мемиреп турган экен.

- Уулум, ойгончу садага, - Жамийла отурган бойдон буту-колу уюп калган экен Адилди ойготту, - Тур балам, кетип калалы.

- Каякка апа? - Адил көзүн ушалай апасынын алдынан тура калды, - Кетебизби чын эле?

- Ооба, үнүңдү чыгарбай мени менен бас, - Адилди колунан бекем кармап алып короонун эшигин көздөй жөнөдү Жамийла, ошол учурда артынан Жантайдын үнү угулду:

- Каякка! - дегенде жалт карай берген Жамийла Адилге кайрылды, - Сен кач балам, сен бул жерден кет!

- Каякка барам апа?

- Сыртка чык!

- Апа-а, - деп алаңдаган Адил сыртка жүгүрүп чыкмак болгондо Жантай жетип аны желкесинен кармап калды.

- Менден минтип кутула албайсыңар! - Түртүп жиберди.

- Тийбе деп жатам, ал сага эмне кылды? - Жамийла ачуу чаңырып жибергенде Жантай ага жетип колун көтөрүп урмак болуп келе жатканда:

- Жантай! - деп Айымкан кирип келди, - Эмне болду кокуй? - Күйпөлөктөй Жамийланы кучактап калды.

- Апа, апаке... - деген Жамийла эсин жоготуп койду, Айымкан чаңырып жатканда коңшулары кирди.

- Айланайындар жардам бергиле, кызым эсин жоготуп койду.

- Эмне болуп кетти деги, эки күндүн биринде эле жаңжалдашып калышты, үйдөн ырк кетсе кыйын да, - деп шыпшына Жамийланы өйдө көтөрүп үйгө алып киришти, Айымкан Жамийла менен алек болуп калганда Жантай кетип калган болчу, кийимдери боз ала-чаң болгон Адил таенесинин жанына келди:

- Таене, бизди калтырбай ала кетчи.

- Ботом, силердин жүрөгүңөрдүн үшүн алган го?

- Бала да ызы-чуу болсо көңүлү калат да.

- Ооба десең, жакындан бери көп уруша баштады.

- Капырай урушуна эмне себеп болду экен, - дешип шыпшынып жатышты, - Жамийла деген бир үн-сөзү жок келин, эмне болуп кеткенин ким билди?

- Апам экөөбүздү атам ороого камады, - деди Адил таенесине, - Чычкандар көөп экен, апамдын бутун тиштебедиби.

- Эмне дейт кокуй! - Айымкан Жамийланын бутун карап көрүп оозун баса калды, кызарып канап шиший баштаган эле, - Карангү-үн, бул эмне деген кордугу эле, - дегенче машина таап бирөө келди, шашыла көтөрүп алып ооруканага алып жөнөштү. Бул учурда Жантай эки-үч үй арытан далдоодо аларды карап турду: "Мен чын эле врачка көрүнүшүм керек, эмнеге мындай болуп бара жатам, нервтен бузулсам керек, кой булар эми соо койбойт, беземчен баласы баарын айтып берет", - деп ойлонуп өзүнүн көрүнүп жүргөн врачына барды да сүйлөшүп отуруп ошол эле күнү ооруканага жатып алды. Бирок Жамийла аны күнөөлөгөн бир ооз сөздү оозунан чыгарбады, апасы канчалык айтса дагы болбоду, ооруканада жатканда Таштан менен Селки келип келининин абалын көрүп уялып турушту. Күнөөнүн баарын келтек жегенден, аны уруп кеткендерди шылтап Жантайдын оорулуу болуп калганына кейип жатышты: "Турмуш дегениң ачылбаган китептин барагындай сырдуу да табышмактуу эмеспи, качан кандай абалга түшөөрүн пенде билбей кез келгенде өкүнүп калат, байкоосуз өтүп кетет. Бул дүйнө ошол үчүн аманат дүйнө делет тура, туулганда адам баласынын пешенесине алла өз буйругун периштелери аркылуу жаздырат экен, албетте ошондуктан элде: "Пешенеге жазылган жазуу", - деп тим болушат, антпеске аргасы дагы жок эмеспи. Ал эми адам баласы ошончолук жийиркеничтүү, дегенин баары өз колунда болсо бирин-бири кордоп, ааламдагы пенде аттууну алдына чимирилтип баш ийдирип алгысы келет, ага кудай гана калыстык кылып көөп кеткенин эсине келтирип, күнөөлүүнүн жазасын берип таразалап тургандай... Жамийла өз ата-энесине эч нерсе деп айтпады, болгону Адилди берип жиберди. Анткени ал ооруканада жатканда дагы Жантай түндөсү келип коркутуп кеткен, анын ага эмне дегенин эч ким деле билбеди, бирок өзүнө келген соң үйүнө чыгып оокатын улантууга киришти, Жантайды ооруканада көпкө чейин жата турган болгонун угуп кубанды. Бирок ал кээде түнкүсүн келип калчу болду, оорусу чынында күчөп кийин аны жиндиканага жөнөтүп колу бутун чынжыр менен байлап коюшкан. Жамийла эки жолу кайненеси менен барып ичинен аяп кетти, бирок ага ичи муздап калганын сезди. Ал бир күнү Айымкан келгенде:

- Апа, Адил жакшы эле жүрөбү, ээрчиген жокпу? - деди.

- Жо-ок, ээрчимек тургай бул жакка келгиси жок кызым.

- Жаныма алып алайын дейм корком, Жантай түнкүсүн келип калса бирдеме кылып коебу...

- Кызым, сен деле биерде отура бербей кетип калсаңчы, анын эми айыгаар түрү жок го?

- Апа айыкса, айыкпаса дагы мен биерде болуум керек, кантсе дагы мен анын аялы эмесминби.

- Ошентсе да сенден кабатыр болуп жатпайынбы, атаң болсо өзүн күнөөлүү сезип капаланып отурат, тим койсом өз тагдырын өзү табат беле деп, бу куураган Жантай Адил экөөңөргө далай эле заар көргөзсө керек, сен жашырып жатасың, Адил болсо божурап баарын айтып атаңдын жүрөгүн оорутуп отурат, - Айымкан кейип отурду.

- Эмне кылмакмын анан, эрим экени калппы апа, пешенеме ошол жазылган экен көрүп жатам, Адил эми силер менен боло турсун, - Жамийла көзүн жаштап тим болду. Айымкан эки күн туруп эле кайра кетти, үй тирлиги деген адамды тирүүдө жай алдырбайт эмеспи, качан гана жаныңды кудайга тапшырып таслим болгондо баары бүтөт, бүтпөгөн оокатты калганы уланта берет, жашоонун ошонусу кызык тура. Жамийла заңгыраган үйдө жалгыз жатып негедир бир нерсени эңсегенин сезди, болгондо дагы аялзатынын эркексиз эч качан жашай албасын, бири-бирине болгон ысык жана кумарлуу сезимди каалады. Бирок Жантайдын: "Бир эркекке этек ачып менин жарабай калганымды билдирсең тирүүлөй териңди сыйрыйм, башка бирөөдөн боюңа болуп калганын билбейин", - дегени эсине түшүп денеси дүр дей түштү. Билинбей эле арадан беш жыл өтүп кетти, Жантай оңоло албай калды, ал тургай Жамийла кайненеси экөө барганда аларды тааныбай бир нерсени карап каткырып эле тиштегилеп кийимдерин тытып калган эле. Үйүнө акыркы келгенде Селки:

- Балам, сен эми өз оокатыңды кыла бер, кантейин Жакиним, эми болбой калды го, убалы жанагы шүмшүктөрдү уктатпасын, - деп ыйлап отурду.

- Коюңузчу апа, үмүтүбүздү үзбөйлү, балким жакшы болуп кетээр, кабатыр болбоңуз, - Жамийла уятынан араң турса дагы ушинтти.

- Жок балам, сен жашсың да, багыңды байлабайлы, уулуңдун дагы келечегин ойлошуң керек, атаң экөөбүз сага ыраазыбыз.

- Ойлонуп көрөйүн апа, мындай эле басып кетүү кыйын го?

- Тартынба Жамийла, сен али жашсың, Жантайдын тагдыры ушундай болуп калды кантейин, - Селки ушуну айтты да эшикке чыгып кетти, эртеси экөө үнсүз коштошушту, Жамийла эмне кылаарын билбей нес болуп отурду: "Ошондо кудай сактаган экен, болбосо балам экөөбүз ороодо чиримекпиз, ким көрөт эле, анда бир аз акылы жайында экен да", - деп өткөнүн эстеп жүрөгү шуу этип алды. Анан эми жатайын деп жатканда эшиги такылдаганынан ого бетер калтырай түштү: "Ким болуп кетти, Жантай эсине келип качып келдиби, анда эмне кылам, уруш чыгарсачы, ай кудай ай", - деп титирей босогого жетип:

- Ким бул? - деди үнү дирилдей.

- Мен эле Жамийла, ая эшикти, - деп арыраак жашаган коңшу келин Мемозанын үнүн укканда эс ала түшүп терең дем ала:

- Өө-өх! - деп алды да эшигин ачты, - бул убакта эмнеге келдиң?

- Жумуш садагасы жумуш, сенин жападан жалгыз жашаганыңа жаным ачып эле эрмектешип келейин деп келе калдым.

- Аа-а мейли, кир үйгө.

- Мынча келген киши кирбей койчу беле, - деп Мемоза шакылдай ичкери кирди, - Бу сен Жантайды канчага чейин күтүп отура бересиң ай?

- Эмне кылам анан, оору деген жаман тура.

- Аның ырас дечи, бирок сага убал эле болду, жапжаш туруп эки тизеңди кучактап түндү узатуу кандай оор.

- Мемоза, эмне дегиң келип турат? - Жамийла ага жини келе караганда ал жойпулана күлүп калды.

- Ой жок ой, эмне демек элем, менин бирөөгө катуу жиним келип ичким келди, - Мемоза колтугунан "Русская водка", арагын сууруп чыкты, - Билесиң го, кайненемди, күйөөм экөөбүздү уруштуруп кана карап турат, үч балам үчүн гана турам, болбосо эбак басып кетет элем.

- Карыган немеге теңелбей эле кой да.

- Ой ал жөн эле карыган мастан, азезилдей эле ачылып турат.

- Эми экөөңөрдөн тең кетет да, мен дегеле кайненемден сөз уккан жокмун, жамандыгымбы же жакшылыгымбы билбейм...

- Сенин кайненең жакшы аял да.

- Ошондой болсо керек, - Жамийла дасторкон жайып чай койду, стакан алып келип койду, - Күйөөң үйдө беле?

- Үйдө эле, артыман жетип келет чыгаар, - Бырс эте күлүп эки стаканга, куюп бирин Жамийланын алдына койду.

- Мен ичпейм Мемоза.

- Кой эми, сени теңтушум деп ички сырымды батыра албай келсем, бугумду чыгарып алайын деп, анан сен мени тоготпой койсоң, ушул кантип болсун?

- Мемоза, мен сени менен сырдашууга даярмын, келгениңе кубанып турам, бирок ичкилик менен аны аралаштырбай эле койчу ээ?

- Жо-ок, жок дегенде аз-аздан татып тур, кел эмесе ден-соолук үчүн ичели! - деп Мемоза Жамийланын колуна стаканды карматып туруп кагыштырып койду, - Аман бололу ээ?

- Аман бололу, - Жамийла оозун тийгизип кайра коеордо Мемоза аны койдура койбоду, жини келип турса дагы башка кеп айта албады: "Үйгө келген кишини ит куугандай кылганым болбос, бүгүн-эртең өзүм деле биерден кеткени турам го", - деп ойлонуп алды. Аңгыча эшик кайрадан такылдаганда Жамийла Мемозаны карады.

- Марат келди окшойт, - деди ал.

- Эшик ачык эле...

- Ким эй! - деди Мемоза, - Ачык, кире бер!

- Кандайсыңар? - деп Марат кирип келди, анын артынан жапалдаш бойлуу кара каш кара көз жигит кошо кирди.

- Жакшысыздарбы? - Көзү Жамийлага кадала түштү.

- Жакшы-жакшы, ой Жекшен сен кайдан? - Мемоза аны менен шакылдай учурашты, - Качан келдиң?

- Бүгүн эле.

- Жамийла, бу жигит Мараттын досу, өзү койдон жоош, колу-жолу бо-ош, жигиттин гүлү, - Мемоза Жамийлага карай сүйлөдү. Аларды тааныштырып анан орун алышты, Жамийла ичинен абдан ачуусу келди, бирок өзүн-өзү тыйып чай коюп адамгерчилигинен танбай сыртынан жаркылдап отурду. Чынында Мемозанын негизги максаты аны Жекшен менен тааныштыруу эле, Марат экөө атайын сүйлөшүп алып анан келишкен, көпкө отурушту, Жекшен улам Жамийланы жал-жал тиктеп коюп отурду, алардын көөнүн кыйбай ууртап-татып жатып кызуу болуп калганда алар менен кошулуп ырдап качандан берки бугуп жаткан чери жазылып калды. Таңга маал гана алар кетишти, Жамийла жатаары менен эле көзү илингенин билбей да калды, ойгонгондо күн аркан бою көтөрүлүп чак түш болуп калган экен. Башы ооруп оозу кургап калыптыр, эптеп өйдө туруп жайылган дасторкон четиндеги бөтөлкөлөрдү сыртка чыгарып жыйнап анан жуунганы чыкты. Ажатканадан келе жатып дарбазадан Жантайдын кирип келе жатканын көрүп жүрөгү оозуна тыгыла түшүп коркконун сездирбегенге аракет кылып утурлай басты.

- Кел Жантай, ден-соолугуң дурус болуп калдыбы? - Өзүн жаман абалда калгандай анын алдында күнөөлүүдөй жалтактай колтуктан алды, - Бүгүн чыктыңбы?

- Келбес болду дедиң беле? - Жантай кекете колун түрттү.

- Койчу эми, үч-төрт күн мурун эле апам экөөбүз барып келдиң го?

- Мени силер жинди болуп калды дедиңер да.

- Кантип эле, андай ой башыбызга деле келген эмес, токтой тур ушундай, - Жамийла калдастай аны токтотту, - Мен чыныга суу алып чыгайынчы, - деп үйгө шашып кирип суу алып чыкты, - Эңкей, башыңа суу айлантып чачайын.

- Кереги жок! - Жантай корс эте колун түртүп ийгенде чыны Жамийланын колунан түшүп кетип сынып калды, ал селдээ туруп калды: "Бул соо эмес, жаман жорук болду, өз кесири башына жетсин", - деп ойлонуп селдейип туруп калганда Жантай ичкери кирип кетти. Жамийла андан жакшылык күтпөй калган эле, эсине келе калып эшикти көздөй шашыла жөнөдү. Ошол учурда алдынан Айымкан Адилди ээрчитип чыга калды, өңү кубарып кеткен кызын көрүп:

- Тынччылыкпы, өңүң эмне бозоруп кеткен? - деди үрпөйө карап.

- Апа, Адилди ал да кет, Жантай үйдө, - Жамийла үнү дирилдей сүйлөдү.

- Качан келди эле ботом?

- Азыр, азыр эле келди.

- Сен кайда жөнөдүң эле?

- Билбейм апа, болгула эрте биерден жогололу, - деп элеңдей артына карай коюп бүткөн бою безгек болгон немедей калч-калч этип зорго апасына жүзүн бурду.

- Келгиле апа, Адил кандай уулум? - Жантай эч нерсе болбогондой эле жылмая басып келди, - Жамийла, апамдарды үйгө кир дебейсиңби? - деп ага караганда Жамийла: "Бул жөн эле жинди болуп жүргөн го, акылы даана эле тура, кудай ай деги мындан кантип кутулам, кайда качып кетем, Адилди эмнеге алып келди десең", - деп ойлонуп дел болуп тура берди, Адил Айымкандын артына жашынып коркуп турган.

- Балам, акыбалың кандай? - Айымкан сыр билгизбей учурашты.

- Жакшы элемин апа.

- Ошент айланайын, - деп Айымкан үйдү көздөй басты.

- Жамийла, апам келиптир, жакшылап тамак жаса, - деп жылмая Жамийлага кайрылды, алар Айымкандын артынан басышты, Адил тарткынчыктап араң басып бара жатат, ал үчүнчү класска окуп калса дагы эсинен Жантайдын кылыктары көз алдынан кете элек болчу. Жантай кадимкисиндей эле ичкери киргенден кийин Жамийла дасторкон жайды, чай куюп алдыларына койгондон кийин ашканага кирип тамак жасоого киришти, ошол кезде капыстан эле Жантай каткырып жиберип чөнтөгүнөн ширеңке алып чыгып дасторкондун четине күйгүзүп таштаганда Жамийла кирип келип бакырып жиберди:

- Жанта-ай! - Айымкан менен Адилди колунан ала тургузуп, - Чыккыла эшикке, болгула апа, Адилди алып кет!

- Жамийла, эч ким эч жакка барбайт! - Жантай тура калып босогону тозду, биринин артынан бирин күйгүзүп таштаган ширеңкенин чийлери чүпөрөк дасторконду жалбырттата баштаганда Жамийла анын үстүнө илгичте илинген кийимдер менен чапкылап жатканда Жантай аны түртүп ийди, - Өчүрбө, баарыбыз өрттөнүп өлөбүз!

- Жантай айланайын эсиңе келчи, мындай кылба балам, - Айымкан жалдырап жиберди, үйдүн ичи түтүнгө толуп жөтөлө баштады, Жантай болсо табасы кангандай каткырат, ошол учурда ооруканадан келген врачтар кирип келди. Жантай аларды көрүп күйүп жаткан кийимди алып аларды көздөй ыргытмак болгондо бири аны сырттан союл алып келип бутка уруп жибергенде жыгылып калды. Ошентип врачтар эптеп байлап алып кетишти. Жарым жартылай күйүп калган бөлмөнү эптеп өчүрүшүп эстери ооп отуруп калышты.

- Жамийла, эми сен биерде калба, - деди Айымкан.

- Кайла бармак элем апа?

- Үйгө бар, сени ушундай абалда кантип таштап кетем кызым.

- Болбойт апа, мен кетип калсам ал силердикине дагы барат апа, бир зыяны тийеби деп корком, - Жамийла мостое үн катты.

- Эми аны кое бербейт, биерде калба кызым.

- Жок апа, мен кете албайм, менин кесиримден силердин жапа чеккениңерди каалабайм апа, мени кыйнаба, силер азыр кетип калгыла, мен маңдайыма жазылганын көрөрмүн.

- Жамийла, бул жерде эмне болду? - деп Мемоза кирип келди, - Элдин баары эле Жантай жинди келди деп коркуп жатышат да.

- Келди, - Жамийла үшкүрүнө отуруп калды, - Кетти...

- Келди, анан кайда кетти?

- Алып кетти.

- Каякка?

- Кайда болмок эле, жиндиканага да, келгенин көргөндөр кеткенин көрүшпөптүрбү?

- Кайдан билем, ар кимиси ар кайсыны айтышат.

- Оору деген ошол экен да Мемоза, жантай деле эл катары адам эле го, келтек жегенде катуу запкы жеп башына зыян келип калган экен, көргөн күнү ушул болду го? - Жамийла жашка мууна көзүнөн мөлт этип тамчы жаш кулады.

- Ошону айтсаң, байкуштун эч кимге деле зыяны жок эмес беле?

- Эми жинди Жантай болуп калды...

- Капаланбачы Жамийла, ал деле кудайдын буйругу да, тагдырдын башка салганын көрбөсө пенденин чарасы барбы? - деп Мемоза шыпшына калды, - Айла жок тура курбум.

- Жамийла, биз жарыкта кетели кызым, кийинип камын, - деди Айымкан бир кезде.

- Апа, Адил экөөңөр кете бергиле, мен бир-эки күндө барып калам.

- Анда чогуу эле кетели.

- Жок, менин ишим бар, силер кете бергиле.

- Мейли, эки күндөн калба ээ, Адил да коркуп калды окшойт, биз кетели, - Айымкан аргасыз Адилди колунан жетелеп чыкты, артынан Жамийла чыгып узатып кайра келди.

- Эмне кеткени жатасыңбы? - деди Мемоза.

- Ооба, эртең кайненеме барып келейин, үйдү өздөрүнө тапшырайын.

- Кызык экенсиң, үйдө сенин да тиешең бар эмеспи.

- Кереги жок, ак эмгеги менен тапкан өзүнө буйрубаган мага эмне кереги бар, балам экөөбүз эптеп жан багарбыз, - Оор дем алып алды, - Жашоо деген ушул тура Мемоза, Жантай жаңы үйлөнгөнүбүздө абдан жакшы болчу, убалы уктатпасын ошол шүмшүктөрдү, ошолордун айынан минтип байкуш оорулуу болуп адам катарынан чыгып калды.

- Кудайдан жетсин, ошондойлордун кесири канчаларга тийип жатат.

- Кантейин, аргасыздан турмушубуз да бузулганы турат.

- Капаланба Жамыш, бир күнү караңгы болсо бир күнү жарык деп коет го.

- Ооба, айдын да он беши караңгы болсо он беши жарык...

- Жамыш, эми бул тагдыр да, өзүңдү ойлогонго убакыт жетти, оору өз жолу менен, сен жашашың керек, сен али жашсың, балаң турат анын келечегин ойлошуң керек го? - Мемоза Жамийланы көндүрүүгө аракет кылганын ал түшүндү.

- Эми мен күйөөгө тийбейм Мемоза, кайра-кайра эрдин санын арттыра бергенде эмне, балам үчүн жашашым керек, чоңоюп калды...

- Эрге тийбей өмүр бою жалгыз өтүп кетмек белең, балаң деле чоңоюп өзүнчө үй күтөт, сенин жалгыздыгың ошондо билинет, азыр сен жашсың да, төрөп түшүп алсаң балаңа шерик болбойбу.

- Балам аман болсо болду, эми эрге тийбейм.

- Өзүң билесиң да курбум, - Мемоза шыпшына өйдө болду, - Кой мен эми кетейин, - Ордунан турду.

- Барсаң бар, мен үйдү жыйыштырайын...

- Анан дагы келем, - Мемоза чыгып бара жатып күлүп койду, Жамийла үн дебеди, анын келем деген оюн түшүндү, өзү дагы өзү-кашы кара сулуу жигитти оюнан чыгара албай турган: "Мен эмне карып калдым беле, отузга жаңы чыгам, баламды жалгыз кылбай төрөсө төрөп алам, бирок күйөөгө тийбейм, Жантай издеп табылгыс жакка кетем да жашай берем", - деген ойдо анын артынан телмире карап турду. Мемозанын үйүндө Жекшен күтүп турган эле, ал бараары менен эле:

- Эмне болду, күйөөсү кетиптирби? - деди.

- Кетиптир, ал качып келген окшойт, артынан келиптир да, аны өтө коркунучтуу деп жатышпайбы, айыгышы кыйын экен, андан көрө сен Жамийлага жагынгандай бол, ал башка аялдардай эмес, оңой эле сени менен басып кете бербейт, - Мемоза ага кылыктана карап койду.

- Аракет кылам аяш, - Жекшен ага көзүн кысты. Булар тээ мурун бири-бири менен жакын болчу, Мемоза Маратка билгизбей катыштырып алган, мурда тааныбагандай болуп коюшкан. Жекшен менен Марат бирге иштеп калып эле тааныш болуп калган, үйүнө ээрчитип келгенде жаңы таанышкандай түр көрсөтүп, экөө тең ичтеринен тим болушкан. Бүгүн Марат жок эле, ал өз иштери менен кетип Жекшенди Мемозага тапшырып Жамийлага арачы бол деген ошол эле. Кайненеси дагы кайдадыр небересин ээрчитип алып эртең менен эле чыгып кеткен. Үч жашар, беш жашар баласы сыртта ойноп жүргөн.

- Жамийла сулуу келин, аны көргөндөн кийин уйкуң келбей калды го?

- Кызганып жатасыңбы?

- Бирөөнүн эри бирөөгө аманат дейт, өз күйөөм турбайбы.

- Өткөн күндөр менин эсимден кете элек, - Жекшен анын артынан келип имере кучактады, - Сагындым, мүмкүнчүлүк болсо кана?

- Жинди болбо, бирөө көрсө үч балама карабай Марат мени өлтүрүп коет, - Мемоза андан боюн ала качып ары жылды.

- Жок дегенде өөп алайынчы.

- Марат билсе экөөбүздү тең соет, - Мемоза ойсоктой эшикти карады, - Шоктонбосоңчу, ишеничтен кетпейли аяш, - Кылыктана сыртты көздөй бара жатканда Жекшен аны кучактап калды.

- Бир эле жолу, эч ким билбейт.

- Корком, кайненем келип калсачы?

- Коркпо, - Бекем кучактап оозунан өөп алганда Мемоза көзүн жума колун анын ийинине арта салганын сезбей калды, ошол учурда беш жашар уулу Дайыр аларды эшиктен кирип келе жатып карап туруп калган, анын артынан келе жаткан үч жаштагы Тайыр:

- Апама байам, туйчу биякка, - дегенде экөө эки жакка бөлүнө калышты, - Апа куйчагым ачты.

- Алтыным десе, келе гой чай ичкиле, - Мемоза шашкалактап, балдарына далбастай түштү, ал улуу баласынан коркуп кетти, Дайыр көргөнүн атасына айта берчү, - Данчик, келе гой берекем чай ич.

- Ыкы, кардым ток, - деп Дайыр артына бурулуп чыгып кеткенде Мемоза анын артынан чыкты:

- Данчик, бери келчи уулум сүйлөшөлү.

- Ойнойм!

- Анан ойнойсуң, бери кел! - Жетип кармап жетелеп кирди, - Уулум, сен жакшы баласың да, антпей жүр, эмнеге үйгө кирбейсиң?

- Анан сен эмнеге жанагы киши менен өбүштүң? - Дайыр дулдуя карады.

- Өбүшкөнүм жок, ал кулагыма бир сөз айтып жаткан, атаңа көргөнүңдү айтпай жүр, уктуңбу балам, анда атаң мени өлтүрүп коет.

- Өлтүрүп коебу?

- Ооба да, анан сен апасы жок каласың, чоң энең дагы укпасын ээ?

- Ал дагы өлтүрөбү?

- Экөөлөп мени урушуп өлтүрүп коет уулум.

- Анда мен аларга эчтеке айтпайм ээ?

- Ооба, көргөнүңдү айтпай жүр, сен жакшы баласың да.

- Мен чоңойдум да, - Дайыр эдиреңдей үйгө кирди, балдарынын кардын тойгузуп үйүн жыйнап жатканда кайненеси Сырга келип калды, бул учурда Жекшен Жамийлага жолукмак болуп кеткен. Жамийла өзүнө тиешелүү буюмдарын бөлүп жыйнап жаткан эле.

- Кандайсыз Жамийла? - деп жылмая кирип келди Жекшен.

- Жакшы, - Жамийла суз учурашып ишин уланта берди.

- Күтпөдүңүз беле?

- Эмнени?

- Мени келет деп.

- Бир көргөн адамды келет деп күткөндөй эркектен көзүм ката элек.

- Деги айтам, ал - абалыңыз кандай анан?

- Кудайга шүгүр.

- Бир жакка барасызбы?

- Ооба.

- Кайда, биз жаңы эле тааныштык эле го?

- Таанышат, калат адамдар ошентишет...

- Мен сизди жактырып калдым Жамийла.

- Эркектердин төл сөзү.

- Андай эмес, ансыз дагы бойдокчулуктун доорун жакшы эле сүрдүм, эми жашоону ойлонууга убакыт жетти деп ойлоп сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Менин азыр бирөө менен жашоо жөнүндө сүйлөшө турган абалым жок, туура көрсөңүз мени да өзүңүздү да кыйнабай эле өз жолубуз менен болгонубуз жакшыдыр...

- Андай дебе Жамийла.

- Менден башка сөз угам деп үмүт кылбаңыз.

- Жамийла.

- Ишим көп, убакыт аз, колумду кармап жатасыз.

- Мен жардам берем, кайда барам дедиңиз машина бар өзүм жеткирем.

- Убара болбоңуз.

- Койчу эми Жамийла.

- Тынчымды алып жатасыз.

- Кечир Жамийла, азыр көңүлүң жайында эмес экенин түшүндүм, - Жекшен акырын сыртка чыга жөнөдү, - Дагы жолугушаарбыз Жамийла, кош бол.

- Жакшы барыңыз, - Жамийла ал чыгып кеткенден кийин отура калып буркурап ыйлап кирди, өзүнөн-өзү буулугуп бугу чыкканча ыйлады, ээн үйдө анын ыйын, муңун уккан эч ким жок көпкө ыйлады: "Неге, неге ушундай тагдырга туш болдум, мен деле бирөөнү сүйүп, бирөөгө сүйдүрүп жашоого акым бар го, бул адамдын шагын сындырганым туура эмес болду", - деп сооронуп алып ойлонуп бозоруп отуруп калды. Көпкө нес болгондой отуруп, анан кийимдерин алып чыгып бара жатканда алдынан Мемоза менен Марат чыкты:

- Ой кайда бара жатасың? - Мемоза суроолуу карады.

- Кетип жатам Мемоза.

- Кайда, биз сага конокко келбедикпи, сенин көңүлүңдү көтөрөлү деп келсе сенин кетип калганың кантип болсун? - Шыпылдай анын колундагы сумкаларын ала койду, Жамийла эч нерсе дей албады, аргасыз артына бурулуп үйүн ачты, баарын жыйыштырып койгон, күйгөн шырдак, ала кийиздерин алып чыгып тазалап койгон, дароо чайын коюп апасы алып келген этинен асып дасторкон жайды. Алар чай ичип отурганда Жекшен бир кой жетелеп келип калды, колунда көтөргөн баштыгында тамак-аш менен ичкилик бар.

- Кандайсыңар? - деди ал кирип эле.

- Оо кел дос, отур мындай, - Марат эчтеке билбегендей күлө карады.

- Келдим, - Жекшен отуруп калды.

- Жамийла, көзүң шишип калыптыр, ыйлагансың го? - деди Мемоза.

- Жо-ок, - Жамийла жер карай Жекшенге чай сунду.

- Жамийла, мен сенин колуңду сурап келдим, - Жекшен Жамийлага карады.

- Кантип, колумду сурагандай башым бош эмес...

- Жамийла койчу эми, Жантайдын ооруганына беш жылдан ашты, анын эми адам катарына кошулушу күмөн, өзүңдү кыйнай бербесеңчи.

- Баары бир эрим бар эмеспи Мемоза.

- Сенин убалың кимге, жапжаш туруп оорукчан немени күтүп жүрө бересиңби?

- Күтпөгөндө кантем?

- Кой эми, сен тирүү жансың го, ушинтип жүрө бермек белең, бул өмүрдөгү аманат жашоонун рахатын качан көрөсүң, карып-чирип калгандабы, жо-ок жаным жаштыгыңдын кадырын картайганда билээрсиң деген тура бирөө өкүнүп, жаштыгың барда жанып кал, жаш кайыңдай бүрдөп, жашыл гүлдөй гүлдөп калуу өзүңдүн гана колуңда, - Мемоза шакылдап анын кулагын бышырып жатканда Марат менен Жекшен сыртка чыгып кетип өздөрү билип койду союп кирди. Жамийла аны билген жок, Мемоза билген эле.

- Мемоза, менин колумдан ошол келеби?

- Эмнеге келбейт, сен азыр жашсың, эми эле балаң чоңойсо жалгыз каласың, өмүр бою жалгыз өтпөйсүң, ата-энең менен жүрө бербейсиң.

- Айтканың туура дечи, балам быйыл эсине келип калыптыр, менин кайра-кайра эрге тийгенимден ирээнжип калбайбы?

- Эмнеге ирээнжимек эле, өзүң көнүшүп алганча ошол жакка коюп кой, кийин алып аласың, - деген Мемоза: "Эмдигиче союп бүттү, ичеги-карын жууш керек", - деп ойлонуп, - Жамаш, чара-параңды алып чыкчы, иш бар, - деп жылмая карады.

- Эмне кыласың?

- Керек, - Мемоза сырдуу жылмая эшикке чыгып кеткенде Жамийла түшүнбөсө да чара алып сыртка чыгып таңгалып калды:

- Ой бул эмне?

- Эт жейбиз, - Мемоза күлүп койду.

- Коңшу-колоң көрсө эмне дейт, уят кыласыңар го мени.

- Эч ким эчтеке дебейт, ким менен кимдин иши бар экен? - деди Марат чеке терин аарчый, - Биз сенин теңтушуңбуз, көңүлүңдү көтөрөлү деп келдик да.

- Ошентсе да... элдин буту эмес оозу басчу эле...

- Кабатыр болбо Жамийла, сенин ордуңда башка келин болгондо эбак эле эрге тийип кетип калмак, - деп Мемоза ого бетер шыкактай берди, Жамийла унчукпай калды: "Кокус кайненем келип калса эмне дейт, уят болом го", - деп ойлонуп Мемозаны ары жетеледи:

- Мемоза, мени жаманатты кылайын деген оюңар болбосо муну алып кеткиле.

- Эмнеге?

- Мен али ажыраша элекмин, кайнене-кайнатам кокус келип калышса жаман ойлошот, жиндиби же башкабы бала деген бала да, ажырашпай туруп үйгө чоочун эркекти киргизип алганымды көрсө жаман көрөт.

- Аның туура, - Мемоза ары барып Марат менен Жекшенге бирдеме деп сүйлөштү да кайра келди, - Жамийла, анда сен казан табагыңды ал, азыр жайдын сонун убагы, тоого чыгып кетели, эс алып келебиз.

- Мен барбай эле коеюнчу.

- Кызык, мунун баары сен үчүн болуп жатса сен барбасаң болмок беле? - Мемоза Жамийланы эптеп көндүрдү, Жекшендин машинасына отуруп төртөө аздан соң тоо тарапты көздөп кетип бара жатышты. Шаркырап аккан суунун боюна токтоп ала келген этти арыдан-бери куурдак кылып жиберип төртөө шарактап кызыл шараптан келиндер, агынан эркектер ичип отурушту. Көптөн кийин Марат менен Мемоза акырын басып суу бойлоп кетишип Жамийла менен Жекшен отурган жерде саамга үнсүз тиктешип калышты.

- Жамийла, менин түбөлүк жарым болууга макулсуңбу? - деди көптөн кийин.

- Аны азыр айтуу кыйын.

- Эмнеге, мен сен үчүн баарына даярмын.

- Мен али никелүү аялмын.

- Эми сени түшүнүп турсам Жамийла, бирок ар бир адамдын өз тагдыры, жашоо мүмкүнчүлүгү болуш керек, сен жакшы аялсың Жамийла, ак никелүү күйөөңдүн ал-абалын билип туруп өз жаштыгыңды курмандыкка чалып жатасың, балким аны катуу сүйгөндүрсүң?

- Мен аны менен сүйүү үчүн эмес адамгерчилик үчүн жашадым, мен үчүн сүйүүм эбак эле өлгөн.

- Кандайча?

- Угуп тур Жекшен, Жантай менин экинчи никем, өзүм сүйүп түбөлүк бирге болобуз, өлүм гана ажыратпаса ажырабайбыз деп шерттешкен күйөөм өлүп калган, анын артынан өлөм деп өлө албадым, бир шылтоом балам болду, ошону бетиме кармап ошол үчүн жашашым керек деп өлө албай жүрүп ата-энемдин сөзүн кыя албай Жантайга туш болгонмун...

- Ошондой де, - Жекшен аны ойлуу карап калды.

- Ооба, бир эмес эки эрге тийип бактымды таба албай калдым, эми мага күйөөнүн кереги жок...

- Кантип, жашоо ушуну менен бүтүп калбайт да.

- Мен үчүн бүткөн.

- Андай дебе Жамийла, сенин он гүлүңдүн бири да ачыла элек, эмитен эле өзүңдүн үмүтүңдү үзүп, баарынан кечип койгонуң болбойт, сени барктап алчунун колуна тийсең гүлдөй кулпурмаксың.

- Андай адамды күндүзү чырак менен издесе табуу кыйын го? - Жамийла улутунуп алды, - Мурда кантип жүрдүң, кандай күйөөң бар эле, кандай элең, дей берип жүрөгүңдү оорутат го...

- Мурункуну, өткөндү козгогон болбогон иш, мен сени көзүм өткөнчө сыйлап өтүүгө сөз берем Жамийла, - Жекшен Жамийлага жакындап келип колунан кармаганда келиндин жүрөгү ток ургандай зырп этип алды.

- Жекшен, кереги жок, мен сага аял болуп бере албайм, жүрөгүм муздай тоңуп таштай катып калган.

- Жо-ок, аял жүрөгү назик, деңиздей акылы терең, мээрими чексиз калксыңар, мен сенин жүрөгүңдүн музун эритем, - Аста жүзүнөн өптү.

- Жекшен, мени кыйнабачы, - Жүзү албыра ары жылды.

- Мен сени сүйөм Жамийла.

- Эмне?! - Жамийла аны көздөрүн алайта карап калды.

- Ооба, мен сени көргөндө эле сүйүп калдым Жамийла.

- Ишенбейм! - Жамийла ордунан тура калды, - Мен сүйүүмдү эбак жоготконмун, эми сүйүүнүн кайрылып келиши мүмкүн эмес!

- Жамийла, сүйүү деген келип кетип адамдарга бирде бакыт, бирде азап тартуулап турат, адамдар деген ыңгайына жараша бакыттын даамын татса, бирде азап-кайгынын зардабына кабылып жеңилип жеңип чыгууга тийиш, жеңип кетүүгө көп кишинин кудурети жетпейт, чандасы гана жеңип чыгат.

- Ооба-а, мен дагы ошондой деп ойлоймун, жеңем деген ойдомун.

- Жеңишиң керек Жамийла, жашоо уламышы менен улам жаңырып жашоо керек, бул дүнүйөнүн кызыгы да шаңы да ушунда, - Жекшен келиндин колун кармап аста отургузду, - Азоо тайдай элирбей отур эми Жамийла, мен болгону жүрөгүмдүн каалоосун айттым, - Акырын тизесине башын коюп чалкасынан жатып калды, - Ээ-эх кандай гана керемет ээ, түпсүз мелтиреген ободо эмне деген рахат бар эле, түнү жылдыздар жылт-жулт этип кооздугу менен адамдарга бир башкача сезим тартууласа бирде жаркыраган ай төбөдөн каалгыйт, күндүзү күн төбөдө жарык нурун чачса, бирде түнөргөн кара булут каптап таарынчаак баладай жашын төгүп нөшөрлөйт...

- Кыялкеч экенсиң, - Жамийла ага карай жылмайды.

- Ооба, өтө кыялкечмин, чынында мен көп ойлоном, асмандын эмнеден тураарын билгим келет, сына турган нерсе, же жарылчу затпы, балким боштуктур, бош болгондо кандай...

- Аны илимпоздор, учкучтар изилдебесе карапайым биздин башыбыз жетмек беле.

- Аның ыра-ас, - Жекшен башын өйдө кылды, - Жамийла, ушул жалган дүйнөдө чыныгы аялым болчу суранам.

- Жекшен, мени кыйнабачы, убакыт керек, кечээ таанышып эле бүгүн минткениң болбойт, - Жамийла улутунду.

- Бир өлүмдөн башкасынын эртеси жакшы дешет го?

- Мен ойлоноюн.

- Жарайт, мен сага үч күн берем.

- Эмнеге, үч күндө эмне чечилмек эле?

- Чечилет, сен ойлонуп мага жообун бересиң жарайбы? - Күлүп эки бетинен өөп жиберди:

- Ой жинди, уят эмеспи, Мемозалар келе жатат, - Жамийла тура калды.

- Кардым ачып кетти, бирдеме кайсайлычы, - Марат келип отуруп жайылган дасторкондон нан, эт алып жеп арактан куйду, - Деги сүйлөшө алдыңарбы ыя?

- Сүйлөшпөгөн сөз калган жок, - Жекшен каткырып калды.

- Жамийланын жүрөгүн ээлөө кыйынга тураарын билгиле, курбум өтө эле бир сырдуу да миң кырдуу, - Мемоза Жамийлага көзүн кысты, - Кызга бергис жубан дегендин бири дал ушул.

- Койчу Мемоза, кыз болуп кетсем да кудай урбадыбы, эми менин турмуш кураарымды укса ата-энем эмне деп ойлошот?

- Эчтеке болбойт, алар мени бактылуу эле болсун дешет да, - Мемоза ага байкатпай Жекшен менен Маратка көзүн кысты, - Туура айтамбы ыя жигиттер?

- Албетте, сөз чындыгы ушул.

- Менин аялым өзү акылдуунун акылдуусу, аялзатынын аруусу да.

- Мындай аялга туш болуунун өзү эле бакыт эмеспи, - Жекшен аны карап кылгырып турган Мемозадан көзүн ала качты, Марат арактын оозун ачып убараланып жатып аларды байкабады. Төртөө кеч күүгүмдө гана кайтышты. Жамийланы үйүнө түшүрүп коюп Жекшен Мараттарды алып кетти, Жамийла үйүнө кирип жаңы союлган эттин жарымын көрүп туздап илди да жарыкты өчүрүп жата кетти, ичкен ичимдиктен башы эңги-деңги болуп турган. Көзү илинип кеткен экен эшиги тык-тык эткенде чоочуп ойгонду, жүрөгү шуулдай көзү алайып босогодон көзү өтө жалдырап турганда дагы такылдады. Заматта өлүм көз алдына элестеп кайсы эркек менен жолуктуң деп Жантай аны быкындап жаткандай бүткөн бою калтырай:

- Ким бул? - деди акырын.

- Жамийла, бул мен Жекшен.

- Өө-өх! - деп алды Жамийла, анан эшикти ачканы бара жатып кайра токтоду, - Жекшен бар кетип калчы, Жантай келип калат.

- Койчу Жамийла, ал кайдан келмек эле, бирөө жарым көрө электе ачсаңчы эшикти, - дегенде Жамийла: "Чын эле эшиктин такылдаганын угуп калышса ушак кылышат, ошондо мен кантем", - деп ойлоно шашыла жетип эшикти ачып жиберди.

- Мынчалык кеч неге келдиң?

- Сени самадым Жамийла, - Кучактап аймалап кирди.

- Жекшен кое берчи, бул эмне кылганың? - дегени менен алкымынан аймалаган жигиттин деминен тумчуккандай жүрөгү тез-тез кагып аргасыздан көзүн жумуп эркине алы жетпей калды, ошондон пайдаланган Жекшен келинди көтөрүп ала коюп төшөккө алып барды. Экөө ашыга кийимдерин чечинип көпкө чейин рахатка батып махабаттын көлүндө сүзүштү, бул түн Жамийла үчүн эң бактылуу мүнөттөрдүн бири болду. Алда качантан бери өзүнүн аял экенин унутуп калган экен бир башкача болуп турду. Алар түнү менен укташкан жок, Жамийла тезинен кайнатасынан жооп алып ата-энесиникине кетмек болуп сүйлөшүштү. Эртеси эле Жекшен волгасын айдап өз ата-энесиникине, Жамийла Таштандын үйүнө жөнөдү. Селки эшикте жүргөн эле, келинин көрүп: "Эми бул кетет, акыры бир чечимге келген экен да, ушундай болмок, бир баласы болсо да туруп калат беле, биздин муну кармагандай акыбыз жок", - деп жүрөгү зыркырай карап туруп калды.

- Жакшысыздарбы апа?

- Жакшы, кел Жамийла.

- Келдим апа.

- Кир үйгө.

- Атам үйдө жок беле?

- Бар, жүрөт ушул жерде эле.

- Аа-а, апа мен үйдүн ачкычын алып келдим...

- Ыя, ооба-ооба мейли...

- Мени кечириңиз апа, - Жамийла кечээги Жантайдын келгенин, кылыктарын айтты, - Мени кечириңиздер, үйдө жалгыз турсам дагы түн же күн келип калабы, коркуп калдым.

- Ооба-ооба, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей айла канча балам, сен дагы бактылуу бол, - Селки терс бурула үйгө кирип кетти. Жамийла үн дебей артына бурулуп жер карап сыртты көздөй кетип бара жатты. Анын көз алдына келген күнү, Жантайдын өзүн жаадырай кубанычтуу карап турганы, экөөнүн алгачкы түнү тартылып көзүнөн жаш куюлуп босогого жеткенде короолорун оңдоп жүргөн Таштан чыга калып:

- Жамийла! - дегенде жалт карай берди, - Балам келип эле кетип жатасыңбы, чай-пай ичсең боло, - деп келе жатып келининин жаш жууган жүзүн көрүп туруп калды.

- Мен барайын ата, мени кечириңизчи!

- Жок-жок балам, сенде эмне айып, кирип үйдөн даам сызып анан кет айланайын, - Таштан үйгө карай үн салды, Селки дагы үй ичинде ыйлап отурган эле, - Ээ Селки, Жамийлага чай-пай ич десең боло.

- Жо-ок ата, кете берейин...

- Болбойт, сен биз менен уруштуң беле, отуруп анан эртең деле кетесиң, - дегенде Жамийла кайнатасынын сөзүн кыя албады. Үчөө чай ичип көпкө отурушту, кетээрде Таштан келинине чөнтөгүнөн эки жүз сом алып чыгып берди, ошол кезде Фрунзеде батир акысы жыйырма беш сом эле. Жамийла албайм десе да болушпады. Ошентип Жамийла өз ата-энесине кетти, аны көрүп Айымкан сүйүндү, катканын дасторконго коюп далбастап жатты:

- Туура кылдың балам, жаш күнүңдү оорукчан немени сакаят деп саргая күтүп жүрө бербей.

- Апа, айла жок болду да, Адил жакшы эле жүрөбү?

- Ал чоңоюп калды кызым, эстүү болот буйруса, сабакты жакшы окуйт экен, класском болуптур.

- Садагам десе ошондой болсун, - Жамийла кубана күлүмсүрөдү.

- Атаң экөөбүз силерди ойлосок силер өз балаңарды ойлойсуңар, аман болсоңор эле болду кызым.

- Атам кайда кетти эле?

- Жүргөндүр, абышкалар менен эрмектешип.

- Оорубай элеби?

- Кудайга шүгүр, атаңдын ден-соолугу жакшы эле, болгону сени ойлонуп өзүн күнөөлөп жүрөт, Жантайга бербей эле койсомчу деп кыжаалат.

- Эмнеге күнөөлүү болмок эле апа, бул биздин тагдырыбыз да, - Улутуна үнсүз отуруп калды.

- Эми кудай багыңды ачса экен, ургаачынын чырагы кырк дейт эмеспи кызым, азыр эмне жашсың.

- Койчу апа, эми күйөөгө кайдан тиймек элем? - Жамийла кара күчкө ушинткени менен Жекшенди эстеп жүзү албыра түштү.

- Ушул бойдон өтмөк белең ботом, сенин алдыңда дагы канчалаган ашуу жатат, Адилди жалгыз кылбай ини же карындаштуу кылып бактыңды ойлосоң кызым, өмүр токтоп турбайт, жаштыгың көзгө көрүнбөй заматта өтөт да кетет, өкүнгөнүң менен табылбай турган кез болот, өткөн күндү артка кайрый албайсың, - Айымкан үшкүрүнүп алды, Жамийла үн дебеди, оюнда Жекшен ага абдан жакшы адамдай көрүндү, бакыттын кушу колунан учуп кетчүдөй жүрөгү алып учуп турду. Ушул саам ал Адилдин атасын эстеди: "Байкуш кантти экен, сөөгү эле калды го, неге өмүрүң кыска жаралдың экен, сен тирүү болсоң мен башка эркекти карамак белем, жаның жаннатта болсунчу, уулуңду колдоп жүр", - деп алды оюнда.

- Келдиңби Жамийлатай? - Садык кирди сырттан.

- Келдим ата, кандай жүрөсүз? - Жамийла атасы менен кучакташа көрүштү, Садык кызын чекесинен өөп бооруна кысты.

- Айла-анайын десе, биротоло келдиңби?

- Ооба ата.

- Таштандар билдиби?

- Ооба, алар өздөрү жооп беришти.

- Ошондой болмок, - Садык отуруп саамга ойлонуп калып анан, - Мейли кызым, мындан аркы багыңды ачсын, - деп унчукпай калды. Турмуштун өйдө-ылдыйы болгон сыяктуу эле адамдын да ар түрдүүсү болот эмеспи, Жамийла өз тагдырынын кай тарапты көздөй агылып бара жатканын сезбеди, Жекшенди башкалардан башкача деп элестетти, бир кезде баласынын айынын далай жолу көз жаш төгөөрүн азыр билбеди. Болгону жашоосун башка элестетип кыялданып жатты. Арадан он-он беш күндөй убакыт өткөндө Жамийла Жекшен менен болжошкон жерден жолукту да шаарга кетишти, Садык ага беш жүз сом берип узатты. Үйдө жүрүп чүнчүбөй шаарга барып өз тагдырын тапсын деген ойдо болду ата-эне, Жамийла дагы аларга сөз чыгарбады. Фрунзеге келип килем чыгарчу фабрикага иштеп калышты, батир жалдап бирге жашап калышкан, Жекшен Жамийлага үйрүлүп түшүп алгачкы күндөрү абдан бактылуу болуп жашоосу уланды, арадан үч-төрт ай өткөндө Жамийла кош бойлуу экенин билгенден кийин:

- Жекшен, мен никесиз төрөймбү, ата-энем билсе эмне дешет? - деди.

- Жа-аным, эртең эле үйгө алып кетейин.

- Тез элеби? - Жамийла жүзү албыра кубанычтуу эркелеп күйөөсүнүн мойнуна колун артты.

- Сөзсүз алып кетем. Эртең экөөбүз тең жооп сурайлы.

- Эмне деп сурайбыз?

- Үйлөнөбүз деп.

- Макул, сен суран ээ?

- Болуптур, - Эки жаш бактылуу кучакташып уйкуга киришти, эртеси Жекшен суранып келип эки досу аялы менен Жамийла болуп айылына жөнөштү. Бирок Жекшендин атасы бакылдап тозуп алганы менен апасы сүйбөдү, баласынын көңүлү үчүн коңшу-колоңу, тууган-уругу болуп келин алды шаанисин жасашты, Жамийланын ата-энесин чакырып коноктошту, арадан бир жума өткөндө көчүрүп батирине жеткирип иштешкендерин чакырып бата алышты. Жыл айланбай Жамийла дагы уул төрөдү, ошол учурда Айымкан катуу ооруп калып Адилди Жамийла алып келип шаарга окута турган болду. Адеген күндөрү баары ойдогудай эле болуп жатты. Мектептен келгенден кийин сабак окуп отура берет, башка балдардай болуп ойноочу да эмес. Бир күнү уулу ыйлап жатканын көрүп Жекшен сырттан кирип келди.

- Уулум, ыйла-ба уулум, - деп Жамийланын колу бошобой жатканын көрүп Адилди карады, ал сабак окуп жаткан, - Окууңду бир паска токтотуп баланы карап койсоң боло, - деди ага кыжыры кайнагандай.

- Дастан азыр эле ыйлаган, - деди Адил.

- Боору катып калса да сага баары бир да.

- Менин иним да, көп ыйласа алат элем.

- Көп сүйлөбөчү! - деп Жекшен Адилди кагып уулун көтөрүп сыртка чыгып кетти. Адил томсоро туруп калды.

- Суукта баланы эмнеге алып чыктың? - Жамийла ага карады, - Мен жууп бүтүп калдым, кире бергиле үйгө, - Жамийла жаадырай күйөөсүнө карады.

- Бала ыйлап жатса дагы карап койбоптур Адил, ушуну жактырбайт го?

- Койчу, кантип эле жаман көрсүн, эми эле уктатып чыккам.

- Калп айтпачы, балаңдын ичи арам! - дегенде Жамийланын жүрөгү зыр этип алды: "Аттиң ай, же туулбай койбой, же өз атасы менен болбой, баламдын пешенеси ушунчалык шор беле", - деп телмире туруп калды, - Бармактай баланы жөн эле көтөрүп койсо өлөбү, окуудан чилтен болуп кетсе дагы.

- Жекшен, бала неме кантип эле жаш баланы жаман көрсүн, эми эле уктаган, жаңы ойгонуп ыйласа керек, ачуулана бербечи кудай жалгагыр, жүр эми үйгө кирип тамак ичели, - деп күйөөсүн тынчтандырып ээрчитип үйгө кирди.

- Экинчи ушул баланын ыйлап жатканын көрөйүн башыңды жулуп алам, - деп Жекшен Адилге карап ызырынганда Жамийланын жүрөгү тыз-тыз этип ачышып жатты, бир баласына тартып басып кетейин десе дагы бир жүрөгүнүн бир бөлүгүн кайда, кимге жалдыратам деген ойдо тилин тишине кысып, ичинен сызып отуруп калды. Аны менен эле баары өз жайында боло койбоду, жумуштан келип эле заарын чачып сабак окуп жаткан Адилге асылат. Дастан алты айлык болуп калганда Адил такыр сабак окуй албай калды, Жамийла кир жууп, тамак-аш жасап үй жыйнаганда аны көтөрүп турбаса бирдемени тартып же талкалап кирет, жаны тынбай жөрмөлөгөн учуру.

- Апа, мен таятамдарга кетем, - деди Адил бир күнү.

- Кой балам, таенең ооруп жатат, сенин кириңди жууй албайт, кыйнайсың аларды.

- Мен сабакты аткара албай калдым, Жекшен байке мени жаман көрөт, - деди дулдуя, - Күйөөгө тийбей эле койбойт белең!

- Адил... - Жамийла баласын элээ карап калды: "Ушуну укканча тынч эле жүрсөмчү, мен Жекшенди балага мындай кылбайт деп ойлободумбу, кудай ай, кайда барып жанымды жай алдырам деги", - деп мостое туруп калды.

- Жантай атамдын деле мага кандай караганын унуттуңбу апа, мен эч унутпайм, кетем таятамдарга, киримди өзүм жууйм! - деп сумкасын көтөрүп үйдөн чыкмак болуп бара жатканда Жекшен кирип келди:

- Сен кайда?

- Айылга.

- Эмне-е?

- Кетем, - Адил чыкмак болгондо Жекшен аны карысынан кармап артка түрттү.

- Сен өзүңдү-өзүң билип калдыңбы ыя?

- Жекшен, тим койчу.

- Эмнеге, сенин же менин тилимди албаса кандай адам болот бул бала, ушундайда сөз уга турган кылып коеюн, - Жекшен Адилдин жанына келип жаакка чаап жиберди.

- Эмне урасыз? - деп жиберди Адил жаны ачый ызалуу ый аралаш.

- Жекшен, тийбе балага! - Жамийла жетип чырылдай ортого түштү.

- Турчу биякка! - Жекшен Жамийланы түртүп ийип Адилди башка көзгө чапкылап жиберди, - Сен мага тил кайрый турган болуп калдыңбы ыя?

- Эмнеге урасыз, мени ургандай атам эмессиз да?

- Ыкы, карасаң муну, мен сага атаңдай болбойт бекенмин, сенин тилиңди кесип салбасам элеби?

- Жекшен, балага тийбе! - Жамийла тырмышып арага кире калып жатты.

- Тур ары, эмитен тилин тартпаган балаңдын тилин жулуп албасамбы! - деп Адилди уруп жатты, ал ыйлап башын калкалап жатып алды. Ачуусу тараганда гана Жекшен сыртка чыгып кетти.

- Эмнеге күйөөгө тийдиң, мени өлтүрүп койбойт белең, атам өлгөнчө мен өлсөм болмок, силер бактылуу жашамаксыңар, - деп бала болсо дагы бирөө үйрөтүп койгондой сүйлөп жатты Адил, - Мен биерге калбайм, таятама кетем.

- Ыйлаба каралдым, мен куруюн, өзүм жеткирип келем, зээнимди кейитпе садагам, сүйлөбөй эле кой, - Жамийла уулун кучактап алып буркурап жатты. Көптөн кийин гана Дастан ыйлаганда Адилге карматып коюп тамак жасап жатканда Жекшен кирди да Адилдин колунан баланы жулуп алды:

- Келе, баламды сендей кылып өсүүсүнө жол бербейм!

- Жекшен, койчу эми балага өчөшпөй эле койсоң.

- Өчөшкөн эч ким жок, - деп уулун эркелетип отуруп калды, Адил тарткынчыктай бурчка барып отуруп китеп караган болуп ыйлай берди, аны көргөн Жамийланын алтымыш тамыры зыркырап турду. Ошондон көп өтпөй эле Жамийла Адилди ата-энесиникине алып барып:

- Апа, Адилди өзүңөргө тапшырдым, - Муңкана түштү.

- Анчалык эмне болду кызым? - Айымкан кызын үрпөйө карап калды.

- Багым тайкы экен апаке, күйөөгө тийгенче өлсөмчү-ү..

- Ок, бул эмне дегениң чунак кыз?

- Ошондой апа, Адилимди ар кимге кор кылдым, эми өзүңөргө бердим, эптеп адам кылып өстүргүлө апа, суранам сенден Адилдин көңүлүн оорутпай чоңойткулачы, кор болбосунчу апа!

- Кантет, Адилди биз кантип кор кылмак элек ботом, минтип оору шайымды албаганда Адилди сага бермек эмеспиз, - Эне эмеспи, кызынын көз жашын, көкүрөк дартын көрүп ичинен сызып жүрөгү сыйрыла бооруна кысты, - Мынчалык зыркырабачы садага, уулуңду көзүбүздүн карегиндей карап багабыз айланайын, балдар бирдеме десе атаңдын жаны чыгып кетет.

- Атасы өлбөгөндө эмне, айла канча...

- Болду кызым, мынчалык кейибей жүрчү кагылайын, - Айымкан ичи сыйрыла ордунан туруп дасторкон жайды, - Кел Жамийлатай, чай ичкиле.

- Жүрөккө эч нерсе барбайт апа.

- Кой антпе, Адилден кам санаба, атаң анын кеткенине коңултуктап жүрдү эле, ырас болбодубу, келсе кубанып калсын.

- Ансыз деле ал атамды көрүп жолдон калып калды.

- Садага болоюн десе, экөө оңуп калган тура, - деп жатканда Садык менен Адил кирди:

- Жамийлатай, Адилдин айткандары чынбы? - деди Садык кирип келип эле, - Ал кандай неме, бирөөнүн баласын ургудай?

- Ата, аны унутуңуз, Адилди өз балаңыздай тарбиялагыла, менин бактым жок экен, эми Дастан үчүн өмүрүмдү алса дагы ошол жерде жашайм, муну дагы атасыз кылып кантейин, - деп кайрадан токтоно албай ыйлап кирди.

- Кантет, кантесиң Жамийлатай, мен анын эсебин колуна гана бербесемби, сенин ар бир тамчы жашың үчүн эсебин алам, - деп Садык ачуулана обдулганда аны Айымкан токтотту.

- Ай-ай чал, сабыр кыл, салмактуу баркыңды балаңдай немеге булгаганы турасыңбы, эрди-катын урушат эси кеткен болушат болбо, урушунун себеби Адил болсо келди, эми дагы байкап көрөлү.

- Ата-аңдын ооз-зугурайын десе, тапкан экен жетим кыздай кордогонду, кызымдын чекесине черттирип коюп тирүү жүрбөй эле койдум, - Садык ызырына отуруп калды. Өйдө айтып, ылдый айтып илээшпей өтө берет, адам балачы көр тирликтин айынан өмүрүнүн өтүп жатканына кейип койбой күнүмдүк жашоосунун жакшы-жаман болуп бир калыпта жүрүп жатканына ыраазы боло күн кечире берет тура. Жамийла оор салмактуу келин, Жекшенге ичи муздап калган, Дастаны чоңойгон сайын өткөнүн унутуп баланын балдыр тилинин рахатына батып күнүмдүк жашоосун өткөрө берди. Жекшен аялынын өтө суз, өзүнө кайдыгер карап келсе тамагын берип, кийимин таза жууп, баласынын атасы катары гана сыйлап жүргөнүн билсе дагы ичинен тынат. Өзү баласын жанындай жакшы көрөт, жумушунан келгенде уулу менен алек болуп чарчаганын да аялынын өзүнө салкын мамилесин да унутуп калат. Жамийла өтө таза аял, жаш бала менен отуруп дагы үйүн таза тутуп баласына кир жолотпой багат. Жекшен качан келсе дагы үйү таза, уулу ууз сүт жыттанып апакай тамагы даяр, кабагым-кашым дебей өз тирилигин жасап жатканына абдан таңгалат. Айылга барган сайын апасы ага келинди көңүлдөгүдөй жерден албаганын айткандан тажабайт. Бирок Жекшен өзү каалап алгандыктан унчукпай баса берет, Жамийланын алдында өзүн күнөөлүү сезип турса дагы кечирим сурагысы келбей кырсыйып сыр алдырбай келет. Бирок өз ичинен: "Туура эмес кылдым, канткен менен ичтен чыккан ийри жылааны эмеспи, неге мен ошол баланы жек көрө берем, анын мага эмне күнөөсү бар эле, бирок тике, тилин тартпаган тайбас бала, көзүндө бир балээ бар, күйүп турат, бирдеме чыгат мындан", - деп ойлонуп алат. Баягы Жамийла жеткирип келген бойдон такыр келбейт, Айымкан келип кетип турат, бир жолу жумуштан келсе кайненеси үйдө экен, кирип келе жатып экөөнүн сөзүн угуп калган: "Апа, Адил жакшы эле жүрөбү, окуусу кандай?", - деп Жамийла сурады эле Айымкан: "Айтпас, сабак дегенде ичкен ашын жерге коет, ачка болгонуна кайыл", - деп күлүп калды: "Келбей койду, сагындым балам", - Жамийла бышактап ыйлап кирди. Анын Жекшенден аябай көңүлү калыптыр, сени өзү эле келбейби, жанагы күйөөсүн көргүм келбейт деп жатат, бала неменин көңүлүнө көк таштай эле тийиптир", "Апа, мен Дастан үчүн гана тилимди тишиме катып отурам, кетип калсам бул дагы атасыз өсөбү деп ойлойм, болбосо бир мүнөт тургум жок, балам үчүн баардык тозокко чыдоого кайылмын", - дегенин уккан Жекшен башка чапкандай артына бурулду: "Мен ушунчалык заардуумунбу, койнумда жаткан аялымды ушунча суутуп анан үй-бүлөө болуп жашап жатканыбызды кара, баары ошол баланын айынан болду", - деп Адилди көргүсү келбей алдынан чыга калса жыга чапчудай ачуусу келип эшиктин алдында басып жүрдү. Жамийла апасы менен кенен кесири сүйлөшүп алып анан анын алып келгендеринен тамак жасаганга киришип сыртка чыга калса Жекшен келе жаткан болуп бери басты:

- Келдиңби? - деди Жамийла суз гана.

- Ооба келдим, бала уктап жатабы?

- Уктабай эле апам алып отурат?

- Аа-а, апам келди беле? - Билмексен боло ичкери кирди, - Оо апа келиңиз, - Бакылдай учурашып отура кетти.

- Келдим айланайын, ишиң жакшыбы?

- Баары жакшы, атамдар жакшы жүрүшөбү? - Жекшен Адилди атайын сурагысы келбей жалпы сурады.

- Шүгүр балам, жатышат кудай деп.

- Жакшы жатсаңар болду, - деген Жекшен Жамийлага көз жиберди, ал адаттагыдай эле суз, мелтирей чай куюп сунуп өз иши менен алектенип кетти, Жекшен жакты кайрылып назар сала карап да койбойт: "Бул аялга мен эмне кылдым, баланы улуу киши тилдейт, акыл айтып тарбиялайт го, менин эки ооз сөзүм мунун баласы экөөнө ошончолук катуу тийээрин билген эмес экенмин, шашпа сага баланы көрө алгыс кылып алып кетпесем ошондо көрөм мага кандай жалдыраганыңды", - деп кекенип отурду. Дастан жүгүрүп калган, тили чала-була чулдурап сүйлөп зериктирбейт. Эртеси Жекшен эрте туруп кетип калды, Жамийла анын келген кеткенин эсепке дагы алчу эмес.

- Жекшен эрте кетип калдыбы? - деди Айымкан чай ичип отурганда.

- Кетсе керек, - деп койду Жамийла кайдыгер.

- Кызым, мындай мүнөзүң болбойт, урушкан киши дагы жууган кири кургаганча табышпаса күнөөкөр боло имиш, минтпей эриңе жакшылап кара кызым.

- Жүрөгүм муз болуп тоңуп туруп алса кантем апа?

- Аял кечиримдүү, көтөрүмдүү болуусу керек, - деп Айымкан аны көпкө чейин сөз менен акыл-насаат айтып Жекшенге болгон жек көрүүсүн жибитмек болуп жатты. Жамийла үндөбөй калганы менен көкүрөгүндөгү жек көрүүнүн өчүрө албай турду, көпкө отуруп анан Айымкан кетмек болуп жатканда Мемоза келип калды.

- Кандайсыңар ай, дегеле каттабай койдуңар, же дарегиңерди биз билбейбиз, - деп Мемоза шакылдай экөө менен учурашты.

- Өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү?

- Жакшы, кудайга шүгүр.

- Мен азыр келем, - Жамийла Айымканды узатып кайра келди, - Балдарың чоңоюп жатабы, Марат жакшы жүрөбү?

- Баары жакшы, кудайга шүгүр, уулуң чоңоюп калган го?

- Чоңоюп калды, жакында катын алам деп жатат, - Жамийла күлүп калды, - Кандай иш айдап келди сени шаарга?

- Иш болбосо кайдан келем курбум, силердин дарегиңерди Марат өткөндө бирөөдөн алыптыр, мен жөнөөрдө берип жатпайбы.

- Жакшы болуптур, көптөн бери көрүшпөй да кеттик, - Жамийла чын дилинен күлө карап жаркылдай тамак асып конок камын көрүп жатты, экөө аркы-беркини сүйлөшүп тамак менен бирге бир бөтөлкөнү ачып алып отурушканда Жекшен келип калды, аны көргөн Жамийла дароо сустая түштү.

- Оо кел Мемоза, кайсы шамал айдады сени биз жакка? - Жекшен Мемоза менен учурашып орун алды, - Аялдар кыйын элесиңер ээ, карачы отурушуңарды, биз эркектер жолугушсак карандай аракты шыңгытып алып мас болуп калмакпыз, - деп Жекшен куру каткырык сала Жамийлага кайрылды, - Байбиче тамагың барбы?

- Бар, ысытып жатам.

- Ээ мейли анда, - Жекшен сыр билгизбей Мемозаны карады, - Ийи Мемоза, айыл тынч, Марат дос бала-чака жатышабы?

- Кудайга шүгүр, силер болсо бир кайрылып барбай койдуңар, эмне болду экен деп ойлоп коебуз, эстеп калабыз.

- Иш көп, кел бошобойт, эрте кетип кеч келмей...

- Эми ошо да, иштебесеңер да болбойт.

- Жашоо ушундай болот тура, - деп Жекшен оор күрсүнө аялын карады, ал сумсая тамак алып келип алдына койду, үн дебеди, баятан бери Мемоза менен чечилишип жаркылдап сүйлөшүп отурган неме Жекшен келгенде унчукпай сумсайып калганын байкаган Мемоза алардын жакшы эмес экенин сезди.

- Жамийла, сага эмне болду, эми эле жаркылдап жайнап турдуң эле, заматта сиркең суу көтөрбөй калды да? - деди бирдеменин четин билгиси келип.

- Жамийла андай эмес, бала багып үй түйшүгүн жалгыз көтөрүп чарчайт да, дагы жакшы байкуш кабагым кашым дебей отурат, - деп Жекшен сыр бербеди.

- Капа болбочу Мемоза, бир паста башым ооруп чыкты, ичкендики го?

- Эчтеке эмес жаным, бир аз ичкенге ошенте берет, көп ичпегендики да.

- Кой ооруба оорунун бетин ары кылсын, - деген болду Мемоза. Андан кийин дагы Жекшен болбой бир бөтөлкө алып келип көпкө отурушту, бака-шака болуп Жамийла кызып калды, баласы уктап жаткан бөлмөгө жатып алды. Канча убакыт уктаганын билбейт, жүрөгү айланып кускусу келип ойгонду жарыктын баары өчүрүлгөн экен, күйөөсү экөө жатчу бөлмөгө кирсе эч ким жок, көңүлү айнып сыртка чыгып кусуп кайра кирип келе жатып шыбырашкан үндөрдү кулагы чалып жанараак эле тамак ичип отурган чакан бөлмөдөн чыгып жатканын байкап акырын босогого келди. Тыңшап турса Мемозанын кыткылыктаган үнү угулду: "Жекшен, Марат менен жатып деле сени ойной берем, ушундан көрө мага не үйлөнүп албадың, байкасам сен да мени унута албайсың", "Көрбөсөм сагынып кетем, күйөөң менен балдарыңды ойлонуп унутууга аракет кылам, бирок сенин кылыгың менен назың жүрөгүмдөн кетпей туруп алды", "Бирибиз ай, бирибиз күн болдук го жаркыным, бирибиз жарык, бирибиз түн болдук го жаркыным, дегендей экөөбүздүн маңдайыбызга зарыга күтүп, саргая сагынышчу тагдыр жазылган тура", - деп кыт-кыт күлгөн Мемозанын үнүнөн соң өбүшкөн, онтогон үндөр чыга баштады, Жамийла канчалык ачуусу келип калтырап турса да анын токтоолугу жеңди, үн катпай уулунун жанына кирип жатып алды. Көпкө ойлонуп жатып: "Неге адамдар ушундай ыплас болушат, а мен неге эримди кызганбайм, азыр экөөнү тең бычактап балжа-балжа кылсам болмок, бирок мен башка аялдын койнунда өз эрим эмес эле бөтөн эркек жаткандай болдум да, ооба менин ага деген сезимдерим эбак өлгөн эмеспи, мен үчүн ал эми биротоло чоочун, жат адамга айланды", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Эртеси баласы ыйлаганда көзүн ачса күн эбак көтөрүлүп калыптыр. Жекшендердин кобурашкан үндөрү чыгып жаат, башы сынчудай ооруп турса дагы уулун көтөрүп сыртка чыкты.

- Жамийла, аябай уктадың го, башың оорубаптырбы ыя? - деп Мемоза ага карап үн салды.

- Ооруган деле жок, - Жамийла баласын эшикке тозуп келип анан, - Башым ооруганды айтпа, Жекшен тур арак алып келчи, - деди.

- Апей, сен ичесиңби? - Жекшен аны таңгала карады.

- Эмнеге ичпейм, көздөй курбум келип кубантып жатса, мен дагы тамак жасай коеюн, - деп эт алып келип туурай баштады. Жекшен тымызын Мемозаны карады, ал ийин куушура тим болду, билип калдыбы деп экөө тең саксынып турган эле. Жамийла калыбынан жазбай куурдак жасай койду, уулун тойгузуп Жекшендин алдына отургузуп өзү арактан кыя баштады:

- Жамийла, келе мен эле куяйынчы, - деп Жекшен ага колун сунду.

- Өзүм эле куям, сен отура бер, Мемоза курбумду "ухаживать", этип койсоң андан көрө, - деп экөөнү жылмая сырдуу карап койду.

- Макул-макул байбиче, - деп Жекшен тайсалдай туруп калды.

- Кана эмесе, эки-үч жылдан бери көрүшө элек эле, - Жамийла атайын кызуулана стаканды колуна алып, - Бирибиз жарык, бирибиз түн болдук го Чолпонум, Бирибиз ай, бирибиз күн болдук го Чолпонум, Бирибиз жаз, бирибиз жай болдук го Чолпонум, Бирибиз күз, бирибиз кыш болдук го жаркыным деген Жолболду Алыбаевдин ырынан баштайынчы, канча убакыт өттү ээ? - деп экөөнү караганда алар бири-бирин карап кайра Жамийланы карап: "Бул көрүп калган экен, бир балээни баштабаса болду", - деген күдүк ой экөөндө тең турду, аракты эптеп алып ийип отуруп калышты, - Чын эле сагынышып калыппыз ээ Мемоза, Марат дагы зорго жүрсө керек? - дегенде Жекшен баланы отургуза коюп ордунан турду.

- Кой силер отура бергиле, мен жумушка барайын.

- Жекшен! - Жамийла аны бир башкача карап туруп кайра жылмайып, - Бүгүн дем алыш экени эсиңден чыктыбы жаным, кең-кесири отуралы, - дегенде моюн толгой кетти, Мемоза оозуна талкан салып алгандай үн катпай отура берди:

- Жамийла, ажыкыстанбачы эми, дем алыш болсо болгондур, силер аялсыңар да кечке отура бермек белем?

- Ыя де, аялдардан көңүлүң калды беле, менден мурункуларыңды таап алгансың го, ошентип арманда жүрөм де? - Жамийла жылмая, ызалуу караганда Жекшен андан көзүн ала качты, - Мемоза, туура айтамбы ыя?

- Жамийла, андай болбосун, эми Жекшен деле ойлонот да, бойдок кезиндеги кыз-келин убактылуу, сен түөблүк жарысың да, - Мемоза кызаңдай күлгөн болду.

- Жо-ок, күн менен түнгө окшоп кошула албаган арманы барбы дейм да, - Үнүн саал жай чыгара күлүп алды, - Мейли, андан көрө мындан алалы, кел Жекшен, же мен отурган жерге отургуң келбей калдыбы?

- Жамийлатай, - Ал ушул ирээт ата-энеси айткандай эркелете ага жакын келип ийинден ала өзүнө тартты, - Сен мындай эмес элең, болду эми кайдагыны айтпай ичип көңүл көтөрсө көтөрөлүчү.

- Ооба, жаз менен жай, күз менен кыш ар башка мезгил дечи, алар э-эч качан кошулушпайт, адамдардын арасында бири-бирин арзышкан жандар кезигише албай кандай азап чегишет...

- Кел жаным, мен куяйын, ичеличи бүгүн, - Жекшен бөтөлкөнү алып үч стаканга куйду, - Кел Жамийлатай уулубуз үчүн, экөөбүздүн ден-соолугубуз үчүн алалычы.

- Неге жаным? - Жамийла бир башкача жылмайды, жүзү албырып ого бетер сулуу көрүнүп ар бир кыймылы өзүнө жарашып турду, - Биз биерде өзүбүз эле эмеспиз да, Мемоза дагы бар, ал үчүн да баарыбыз үчүн десең

- Болуптур, болуптур жаным, сен айткандай эле болсун.

- Жамийла, келе эмесе баарыбыздын үй-бүлөө очогубуз үчүн алалы, - деп Мемоза күлгөн болуп стакан көтөрдү, - Очогубуздан от өчпөсүн, ынтымак болсун, ортобузда балдар ойноп жүрө берсин.

- Айтканың келсин, - Жамийла дароо сумсая түштү.

- Жакшы сөздөргө кошулам, - Жекшен да алып ийди, ачууну-ачуу басат дегендей экөө тең артынан эчтеке жутпады.

- Мен эс алайынчы көп сүйлөп койдум, - Жамийла теңселе ордунан турганда Дастан чаңырып ыйлап ээрчип калды, аны акырын колунан жетелеп өз бөлмөсүнө барды да бир баракка кат жазды: "Жекшен, мен мындай ыплас үй-бүлөөнүн мүчөсү боло албайм, менин тынчымды алба, экинчи мага барба, эгерде баламды алам десең каршылыгым жок. Бул өмүрдө айры буттуу, жумуру баш пенделерден көңүлүм калды, кош бол! Жамийла", - деп жазды да уулун көтөрүп бир-эки көйнөгүн алып чыгып кетти. Жекшен менен Мемоза үнсүз тиктешип отуруп аны байкашкан жок, арадан бир топ убакыт өткөндө Жекшен оор күрсүнө алакан жайды:

- Дастанды карайынчы, апасы уктап калса эмне болду, - деп бөлмөдөн чыга жөнөп эки бөлмөнүн ичин карап таба албады, - Жамийла баланы алып сыртка чыгып кетиптир, үйдө жок, - деп кайра кирди.

- Каякка кетти экен, карап келеличи, - Мемоза дагы ыңгайсыздана туруп экөө эшикке чыгышты, эч дайыны жок, батирден көчөгө чыгып карап таба албады, жолдо ойноп жаткан эки-үч жаш балдардан сурады эле алар кеткен жагын көрсөтүп беришти.

- Ал билип калыптыр, күнөө экөөбүздөн тең кетти, эми кантем? - деп Жекшен айласы кете туруп калды.

- Төркүнүнө кетип калды бекен?

- Кайда бармак эле, ошол жакка кетти да.

- Кудай сакта, муну Марат билсе тирүүлөй соет, кой мен кетейин. Мемоза кыйпычыктап сумкаларын алып жөнөдү, - Келип калаар, балаңар турбайбы күн өткөрбөй артынан жет.

- Жамийланын сырын жакшы билем, ал эми келбейт, - деген Жекшен үйүнө шашыла кирип барып үстөл үстүндөгү катты көрүп ала койду да жүгүрүп сыртка чыкса Мемоза кетип калыптыр: "Өз үйүмдө, никелүү аялымдын жанында арам иш кылып жатсам туура кылат, башка аял болсо экөөбүздү бирдей үйдөн кууп чыкмак, ал эми келбейт, баламды да көрбөй каламбы, баланын алам десең ал деген тура, кең пейилим десе, менин иттигимди кечирээр бекенсиң, уулум үчүн сенин ата-энеңдин үйүндө кул болсом дагы күнөөмдү жуушум керек", - деген ойдо ал үйүн кулпулап коюп шашыла Жамийланын ата-энесинин айылын көздөй жол тартты. Бирок Жамийла ата-энесиникине барбады, дароо эле батир таап, уулун орус кемпирге бактырып иштемек болуп жатты. Ал мурдатан өзүнчө ирээнжип кетип калгысы келип жүргөн эле. Тааныш орус аялдын үйүнө кирип барды, бир бөлмө керебети менен жайгашып алган эле. Жекшен айылга барган күнү даабай таанышынын үйүнө түнөп алды. Эртеси ал таанышынын аялын жиберип Жамийланын келбегенин билди, бирок ишенбей керээли кечке үйүн аңдып жатты, сыртка кайненеси, Адил менен кайнатасы кирип чыкканын байкап үмүтү үзүлгөндө кайра артына жөнөп кетти. Аттиң адам адамдын кадырын учурунда билип сыйлап алса кана, антмек кайда-а, качан гана болоор иш болуп боесу канганда гана: "Жоо кыядан өткөн соң, кылычыңды ташка чап", - дегендей өкүнүп өксөп калат, кетирген ката кайра ордуна келмек кайда, түбөлүк көүкрөтөн кетпес азап-арман тартуулаган каталыктар канча. Жекшен абдан өкүрүп жатты: "Шуркуя десе, кайдан дагы келип калды, өз аялын турса аны менен жатып алганымды кара, күнөөмдү канткенде ага жууп кечирим алам, Дастанымды тирүү болуп туруп атасыз өстүрөмбү, энеси эмеси ал аны кор кылбай багып алаарына көзүм жетет, бирок мен аталык милдетимди аткарбай туруп кантип балам деп айта алам, жо-ок эч качан балам менен Жамийладан айрылбайм, өлүп ажырашым мүмкүн", - деп ойлоп үйүнө келди. Аңгырап батири көзүнө суук көрүндү, уулунун күлкүсү, Жамийланын мээрим чача аны эркелетип отурганы көз алдына тартылып, үндөрү кулагына угулуп отура албай сыртка чыгып кетти: "Кайда кетиши мүмкүн, бала менен эч жерге иштей албаса кантип жашашат, жо-ок ал атасыныкына эле барат, балким атайын мага көрүнбөй бекинип жаткандыр, катуу таарынды байкушум", - деп ойлонуп досу Жанарбектин үйүнө барды. Экөө бир айылдан, Жанарбек андан эки-үч жаш улуу, бирок теңтуштардай мамилелери жакшы.

- Кел Жекшен, - деп Жанарбек аны жайдары тозуп алды.

- Келдим, кандайсыңар?

- Жакшы, ырас келбедиңби досум, бизде бүгүн кубанычтуу жаңылык бар, ниетиң жакшы да, - деп Жанарбек бакылдай үйүнө ээрчите кирди.

- Болсун-болсун, кандай жаңылык?

- Кызыбыз уулдуу болуптур, азыр эле сүйүнчү келди.

- Жакшы болгон тура.

- Баса Жамийланы ала келсең болмок экен.

- Менде сага жаман кабарым бар.

- Кандай... - Жанарбек элээ карап калды.

- Жамийла кетип калды.

- Эмнеге, кайда кетти?

- Каталык өзүмдөн кетти, Жекшен болгонун айтып берди.

- Бекер кылыпсың, аялдын мүнөзү, жүрөгү өтө назик келет досум, этияттабасаң соолутуп аласың, анан да Жамийла башкача жан, сен аны неге капаланттың?

- Ошондой болуп калды...

- Капа болбо, бир аргасын табаарбыз, - Жанарбек аны колтуктай ичкери кирди, - Салима, карачы чакырса табылбас адам өзү келиптир, - деп бакылдап жатты.

- Кел-кел Жекшен, кандай Жамийла жүрөбү, уулуң чоңоюп жатабы? - Салима жаркылдай учурашты.

- Жакшы-жакшы, баары жайында.

- Келгениң жакшы болгон тура, бүгүн биз жээндүү болуп кубанычыбыз койнубузга батпай турабыз.

- Алып кел кемпир, жээнтектин алды Жекеме насип экен.

- Алып келбей анан, тамак дагы даяр, - Салима шыпылдай жаркылдай сүйлөп үстөл үстүн толтуруп ийди.

Жекшен алар менен көпкө отурду, бирок ою алда кайда кетип жатты, уулун көргүсү келип бирде Жамийланын алдына төрт аяктап чөгөөлөп кечирим сураса, бирде бутунан өөп жалынып-жалбарып жан алакетке түшөт. Ал жерден кеч келип үйүнө кирбей эшиктин алдындагы эски керебетке жатып алды, катуу уктап калган экен:

- Жекшен, тур өйдө, - деген үндү угуп: "Жамийла келип калган го, бир аз жата турайын, дагы ойготсун, эркелеп бетимден өөп ойготот", - деп ойлонуп көзүн ачпай жата берди. Ал кечээги Жамийланын кеткенин эсинен чыгарып уйку соонун ортосунда жаткан болчу, - Жекшен, Жамийла келген жокпу? - деген Мемозанын үнүн тааный коюп шарт тура калды:

- Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Кабар алайын деп келдим, Жамийланы алып келдиңби?

- Мемоза, менин турмушум сен үчүн бузулду, тынч кетип кал, бул иш Маратка жетсе сен дагы соо калбайсың, андан көрө бизди көргөн жоксуң! - Жекшен терс бурулуп кетти, - Кетип калчы Мемоза.

- Болуптур, мен кеттим Жекшен, кечир мени алың жетсе, сезим деген кыйын экен, сен менин кубанычым да, кайгым да болдуң, кош бол Жекшен...

- Бар кетип кал, сенде күнөө жок.

- Акыркы жолу жүзүмдөн бир өөп койсоң болбойбу?

- Жок Мемоза, биз ушул бойдон көрүшпөөбүз керек.

- Жарайт менин арманым, азабым менин, - Мемоза көз жашын сыдыра чыгып кетти, Жекшен ал кетээри менен туруп кийинди да кайын журтуна бармак болду, дүкөндөн кант-чай, Адилге кийим-кече алып жөнөдү. Ал эч нерсе билбегендей киргенде Айымкан жакшы тозуп алды, Адил аны көрүп ары басып кетти.

- Кел Жекшен, кел балам.

- Келдим апа, жакшы жатасыздарбы?

- Кудайга шүгүр айланайын, өзүңөр тынч жатасыңарбы?

- Ооба-ооба, - Жекшен кайненесинен көзүн ала качты, - Жамийла салам айтты...

- Чогуу келсеңер болмок экен, атаң кой союп алалы деп жатты эле.

- Ий-ии, бала менен келе албады, Адилге кийим-кече берип ийди эле.

- Кыйналбай эле койсоңор болмок, Адилдин кийимдери толуп жатат, кечээ таекелери дагы берип ийиптир.

- Апа, анда мен кетейин, иштер менен келип эле кайрылганмын, - Жекшен ордунан туруп кеткенче шашты.

- Капырай, чай-пай ичсең боло? - Айымкан күйөө баласынын түрүнөн бир нерсени сезип тике көзүнө карады, - Тынччылыкпы айланайын деги?

- Баары жакшы апа, мен шашып жүрдүм эле, - деди да жөнөй берди, Айымкан не дээрин билбей: "Кудай айланайын, бөөдө кырсыгыңдан сактай гөр, түндө түшүмдө Жамийлаым кирди эле, булар соо эмес", - деп узата карап туруп калды:

- Апам эмнеге келген жок таене? - деп жанына Адил келди.

- Жекшен өз иштери менен жүргөн окшойт балам, - деди Айымкан ойлуу.

- Өзү эмнеге келет, мен ушуну көргүм келбейт.

- Кой садага, апаңдын иниңдин көңүлү, Дастан сенин бир тууганың балам.

- Ал го иним дечи, бирок Жекшенди жаман көрөм да таене.

- Антпе айланайын, апаңды сыйла, - Айымкан Адилди башынан сылай өөп койду, - Сен акылдуу бол айланайын, эстүү бол.

- Мен чоңойсом апам менен Дастанды өзүм эле багып алат элем, - деген Адил бала болсо дагы көкүрөгүндөгү ызаны сыртка чыгарууга даяр эле. Баланын жан дүйнөсү жаштайынан жараланып көп азап тартып калганга адамдарды тымызын жек көрчү, айрыкча эркектерди: "Мен эч качан аялдарга кол көтөрбөйм, балалуу аял болсо дагы баласына сүйлөбөйм, адамдарга жаман айтпаймын", - деп көп ойлонот. Кыялында бийиктерге чыгып, кызмат орунда отурганын элестетип бей-бечераларга жардам берүүнү көздөйт. Айрыкча таене-таятасын төргө отургузуп сыйлап эч иш жасаткысы келбейт, бала неме тагдырдын түйгүлүк ташы бирде өйдө, бирде ылдый ооп тураарын кайдан билсин. Жамийланы Жантай уруп сабап жатканын эстесе кыжыры кайнап муштумдары түйүлүп, балапан түктөрү түктөйө түшөт. Заматта эле чоңоюп каалаганын кылгысы келет, бирок ал али бала бойдон эле...

Жекшендин ою алда кайда кетти: "Ачуусу менен баланы кошуп өзүн бирдеме кылып алса эмне болот, апасы эчтекеден бейкапар экен, келсе билинет эле, кайда кетип калды, аман-эсен болсо экен, курган башым айдагы бир азгырыкка кирип кеттим эле, анын көрүп калганын да аңдабаганымды кара, кайдан табам, кайдан издейм", - деп сары санаа болуп бара жатты. Шаарга келгени менен үйгө киргиси келбеди, сыртта аркы-терки басып жүрдү, убакыттын өтүшү кыйын болду, улам жолго чыгып кайра кирип жүрө берди... Жамийла орус кемпир-чалдын үйүндө туруп калды, адегенде азыраак акчасы менен эптеп жашап Валяга уулун таштап жумуш издеп таппай кыйналды. Арадан бир жума өткөндө дүкөнгө шыпыргыч болуп иштегенге орун таап кубанып кетти, айлыгы алтымыш сом экен. Ошентип иштей баштады, эки маал дүкөндү жууп шыпырып, прилавкалары терезелерин тазалап коюп келе берет. Валя уулун бакканга айына он сом - он беш сом берсе алып коет, көпчүлүгү албайт деле. Жамийла бош боло калганда алардын кир когун жууп, тамагын жасап берип, бир үй-бүлөөдөй болуп көнүп калды. Жамийланын бош отура албай ички сырткы жумуштарды жасай бергени аларга абдан жакты, бара-бара өздөрүнүн кызындай көрүп калган.

- Женя, Дастанчикти карачы, - деди бир күнү тетя Валя.

- Дастанчик, маманы убара кылдыңбы балам? - деп Жамийла күлө кулачын жайды, - Садагам, кубанчым менин.

- Дастанчик, кел келе гой, - деп тетя Валя өзүнө чакырып күлүп жатышты, аларга эрмек болуп өзүнчө эле бака-шака болуп калышат. Гена дагы жакшы көрөт, кечке колу бош боло калса көтөрүп алып жүрө берет, Дастан тынчы кетип үйгө токтобой жүгүрүп жүрө берет. Жамийла келген күндөрү көп ойлонуп жүрөгүн мыжыган ызага муунуп түнкүсүн ыйлап чыкчу, бара-бара баарын унутуп ишине киргенден бери көңүлү жайланып калды. Бир күнү: "Жекшен үйгө издеп барса атамдар кабатыр болуп жатат го, кой ушул айлыгымды алганда барып келейин", - деп ойлонуп алды. Бирок ишин жоготуп алуудан коркуп бара албады, үйүнө бирөөдөн кат берип, дарегин берип жиберди. Садык менен Айымкан катты алаары менен эле кой союп, май сүзмөсүн алып Айымкан эртеси жөнөдү, такси менен дарек боюнча тез эле таап алып келип калды, Жамийла жок эле, орусча сүйлөй албай небересин өөп жыттап отуруп калды.

- Женя придут, - деди тетя Валя.

- Придуту эмнеси кокуй? - деп башын ийкеп күлүп койду. Көп өтпөй эле Жамийла келип калды:

- Апа келип калдыңбы? - Жамийла апасы менен кучакташа көрүштү.

- Эмне болуп кетти ботом, атаңдын көөнү тынбай жөнөттү.

- Ушундай болду апа, пешенем шордуу болсо кантем? - Көздөрүнө жаш айлана жер карады, - Жекшен барган жокпу?

- Бир айдан ашты, барып эле эчтеке айтпай кетип калган.

- Бизди сураган жокпу?

- Сени үйдө деген, бала менен келе албай калды деди эле.

- Бети чыдабаса керек да, - Жамийла улутунуп алды.

- Кызым, эркек деген андай-мындай иштерге бара берет, аял көтөрүмдүү болуу керек, болоор болбоско өзүңдү жеңил кылба, бир балаңдын атасыз өскөнү жетишээр, муну атасынан тирүүлөй ажыратпа, Жекшендин сага колу тийген жок, ачуу сөзүн укпадыңбы кызым?

- Жок апа, андай кыялы жок, уруш-талаш болгон жок.

- Жылуу ордуңду суутуп, оор салмагыңды жеңил кылып бир аял үчүн очогуңду бузба садага, атаңа сени жөн эле чакырып жатыптыр деп койдум, - Айымкан кызына акыл-насаат айтып отурганда ал өзүнүн туура эмес кылганын сезди, ойлуу үн катпай отура берди, - Сен азыр мени менен үйгө баргын, ишиңди токтот, мен Жекшендин өзүнө жолугайын.

- Апа, эмне мени уят кылганы турасыңбы?

- Жо-ок кызым, мен дагы силерди көргөнү келдим деп билмексен болуп сырын тартайынбы?

- Койчу апа, тим кой, чын эле кечирим сурап барса барайын, туура эмес кылган экенмин, ачуу менен чыгып кеткеним чын, - деп Жамийла жеңилдик кылганына өкүнгөнүн билдирди.

- Мейли анда, буларды бүт буларга бер кызым, эки айдай турупсуң, жакшы немелер экен, дини бөлөк болсо дагы пейили жакшы адамдар болот тура, - Айымкан алып келгендерин көрсөттү, - Бүгүн конуп алып эртең жолго чыгалы кызым, эч кимиси жоктой минтип жүргөнүң болбойт.

- Макул апа, жаңылганымды кийин сездим, жок дегенде силерге эле бара берсем болмок, - деп Жамийла өзүнүн каталыгына ичинен өкүнүп турду.

- Эркектин жаманы жата калып эшек үркүтөт дейт кызым, андайда өзүңдү кармап акыл калчап, миң ойлонуп бир чечимге келгенди үйрөн, атаң ала жипти аттабаган пакиза дейсиңби, жети балалуу болгуча далай эле жолу көзүмдү көгөрттү, көрүнгөн аял менен жүрдү, бирин мойнуна алса, бирин карандай танып кетип жүрүп ушу жашка чыктык кызым.

- Атам ошондой беле? - Жамийла апасын жылмая суроолуу карады.

- Аялдын жүрөнөөгү уят иш, эркектики эрдик деп коет, ошол үчүн эркек да жешет кызым, бир жолкусун кечиресиң, экинчи-үчүнчүсүн айла жок балдар үчүн кылчаңдап көзүңдү жумуп терең ойлонуп анан чечесиң садага, аял деген баарын көтөрүп, жеңип анан мурасына жетет, балдар чоңойгондо ызаат-сый көрүп өткөнүң унутулат, көз жаш төгүп ызалуу өткөн түндөрүң элес булас көргөн түшүңдөй болуп кала берет.

- Апакем менин, асыл апам, сенин мындай оор азапты тартып атамдын кылыктарына чыдап жашап жүргөнүңдү кайдан билдим, - Жамийла жаркылдай апасын кучактап эки бетинен өөп алды, - Ошентип акыл карачачтай акылым менен жеңип келе жатам дечи?

- Эне бала үчүн өз тагдырын курмандыкка чалган калк болот кызым, ошол үчүн эне да садага, Адилимдин атасы өлүп калды, эми Данчигиңди атасынан ажыратпа, Жекшен сенин чекеңден чертпесе, көзүңдү көгөртө койбосо, бир катасын кечирбей басып кеткениң туура эмес садагам, - деп эне унчукпай калды. Жамийла Гена менен тетя Валяга эттен тамак жасап чогуу отуруп тамактанып жатканда кете турганын айтты эле алар абдан капа болушту, бирок алар деле акыры кете турган болгон соң ошонусун туура көрүп ага ыраазылыгын билдиришти. Эртеси Айымкан Жамийланы ээрчитип айылга жөнөдү, Садык кызынын келгенине кубанып балдарынын баарын чакырып союш союп бака-шака, неберелери өздөрүнчө бир бөлмөдө чурулдашып ойноп жатты. Ата-эне үчүн бул бакыт эмей эмне... Жамийла ата-энесинин үйүндө бир айдай жүрүп калган, баласы көчөгө чыгып кеткенде жетип барып жанында турса коңшу кемпир көрүп аны көздөй басып келип:

- Кете элексиңби Жамийла? - деди, - Көп жүрчү эмес элең.

- Ооба эне, Жекшендин иштери көп, командировкада эле.

- Ийи айланайын, ошондой дейм да, күйөөң жакшы жигит көрүнөт.

- Жакшы эле...

- Бактылуу бол айланайын, бала тынып тынчып өзү менен өзү болуп кетсе ата-эненин да санаасы тынч болот эмеспи.

- Ооба-ооба, - деген Жамийла уулун көтөрүп короого кирип кетти, ошондон он күн өткөндө Жекшен апасын ээрчитип келип калды, кийит-кече таттуу менен боорсок, бир кой союп улуу келинин ээрчитип алыптыр. Алар келгенде Жамийла эшикте жүргөн, дароо эле кайненесин көрүп басып барып тозуп алды, Жекшенди карагысы келбей атайын ага кыр көрсөтүп үйгө алып кирди. Дасторкон жайып үстүн толтуруп жакшы кабыл алышты, ушул кезге чейин Садык эчтеке билген эмес, аны капа болот дешип Айымкан Жамийла экөө айткан эмес, бир туугандары да билбейт. Дароо аларды чакырып Жекшенди ортого алышты, бирок чындыгын айтпады, болгону таарыныч менен келгенин айтып Жамийланы алып кетмек болду. Айымкан кызына бир сыйра, небересине торпок энчилеп берип Садык акыл-насаатын айтып узатышты. Жамийла үйүнө келгенден кийин такыр Жекшенге сүйлөбөй жүрдү, кайненеси кеткенче экөө бирге дасторкондо болгону менен бири-бирине суз болуп турганын көрүп:

- Жамийла, эркектин жаңылганы эчтеке эмес, балаңар турат, бири-бириңдин көңүлүңөрдү калтырбай жашагыла, - деди Урумкан Жамийлага карап, - Сен дагы мындан ары тынч жаша, эки күндүн биринде минтип тетири карашып турсаңар кантип жашоо болсун, - Жекшенге айтты муну.

- Апа, экинчи мындай болбойт, - деди Жекшен башын жерге салып.

- Бири-бириңерге минтип салкын мамиледе болсоңор жашооңор эмне болот, мындай болбойт балдарым, - Урумкан уул-келинине акыл-насаат айтып отурду, бирок Жамийла кетип калганда жакшы эле аракет кылды, башка аял алып бергенге, бирок Жекшендин эч көңүлү келбей, ороңдоп сөзүн укпай койгондо тим болгон. Жамийласыз жашай албайм дегенине көп эле жолу ачууланып тилдеп жакшы көргөн кыз-келиндерди көрсөтүп жактырып калаар деп да жүрдү. Айрыкча шаардагы үйүнө бир келинди ээрчитип келип да көрдү, Жекшен ага көңүл да буруп койгон жок. Эми минтип аларга чын дилинен акыл-насаатын айтып отурду. Жамийла сумсайганынан жазбады. Жекшен сыртка чыгып кеткенде, - Жамийла, сен мындай эмес элең, силер бүгүн табышып эртең бөлүнүп кетчүлөрдө эмессиңер, далай жылдап кудай өмүр берсе уулуңар чоңоет, жакшылыктарына күбө болосуңар, эркекке көп эле сумсайып муздак мамиле кылсаң акырындап өзүңдөн алыстатып аласың, - деди.

- Апа, менин башым оруп турат, жакшы элебиз.

- Ошент айланайын, уулуңарды жакшы тарбиялап адам кылгыла.

- Кам санабаңыз апа, баары жайында болот.

- Кой, эми көңүлүм тынды, кетейин айланайын.

- Эртең эле кетиңиз, бүгүн кеч болуп калды.

- Жо-ок, атаң жалгыз калды эле, ал дагы сары санаа болуп жаткандыр.

Жекшен апасын таксиге салып келди, Дастан өзүнчө ойноп жатты, Жамийла өз иши менен алек болуп ашканада жүргөн, Жекшен акырын кирип артынан кучактап калды:

- Сагындым Жамийла...

- Ишенбейм, өмүр бою өксүп жетпегениң бар турбайбы.

- Койчу эми Жамийлатай, ал өзү эле ошентип жүрөт.

- Экөөңөрдүн тең сөзүңөрдү уктум.

- Мастык да, болбосо өз үйүмдө ошентет белем, акылым жетпейт.

- Сооңдо оюңда болбосо масыңда кыла албайсың.

- Кечир Жамийлатай, экинчи мындай иш болбойт.

- Айтуу оңой, сезимди башкаруу кыйын.

- Менин оюм, сезимим жалгыз гана сенсиң Жамийлатай.

- Калп айтпа, актанганда эмне экөөбүз тең бала үчүн жашоого акылуубуз, атасыз же энесиз болбой экөөбүздүн ортобузда чоңойсун, - Жамийла аны акырын түртө жумуш жасаганга өттү, - Менин сенден муздаганым качан, эми аны жылытууга болбос.

- Болот жаным, эмнеге болбосун, - Жекшен аны так көтөрүп алып ички үйгө алып кирди, - Бол эрте кийин, концертке барабыз.

- Кандай концерт экен?

- Жалаң чоң ырчылар ырдашат экен.

- Менин баргым келбейт, маанисиз ырларды укканча...

- Анан кайда баралы?

- Эч жакка барбайм.

- Жо-ок, азыр барабыз, жок дегенде түнкү Фрунзени көрүп салкындап басып келебиз, - Жекшен болбой эле баласын өзү кийинтип Жамийланы шаштырып сыртка чыгышты. Жамийла бир жылмайбайт, аны улам караган Жекшен бирдемелерди айтып киришти.

- Кереги эмне, үйдө баары бар го? - деп жактырбады Жамийла.

- Үйдүкү башка жаным, экөөбүз баш кошкондон бери эч мындай отуруп көңүл ача элек экенбиз, - деп Жекшен Жамийланын колунан кармап өөп жүзүнөн сылады, - Бүгүн бир эс алалычы.

- Эчтекеге көңүлүм жок, мен сенден катуу көңүлүм калды Жекшен.

- Мени кечирчи алтыным, кетирген каталыгым үчүн өзүмдү-өзүм кечире албай койдум, туура кылбадым, ал азгырык менен экинчи кездешпегенге аракет кылам, жүзү курусун.

- Актанба Жекшен, туура болбоду, мастыкка шылтап коюп экөөңөр өткөнүңөрдү айтып өкүнгөнүңөр азыр дагы эле кулагыма жаңырып турат, түк эсимден чыгаар эмес, - Колун тартып алды, - Биз бир аз өз-өзүбүзчө болуп туралы, убакыт өзү дарылайт дегендей унутулаар...

- Сен каалагандай болсун алтыным, баягыдай жаркылдап жүрүшүңдү каалайм, сагындым сенин жарк эткен күлкүңдү көргүм келет алтыным.

- Жакшылыктан үмүт үзбөй туралычы, Дастаным Адилдей болуп атасыз өспөсүн деп ойлоп кайтып келдим, - деп Жамийла ага суздана карады, андан соң алдыларына келген тамактын ичип анан сыртка чыгышты. Паркта ары-бери басып жүрүштү, Жамийланын кулк-мүнөзү түк өзгөрүп же күлүп, же сүйлөп койбогонуна Жекшен өзүнчө кыжаалат болуп жатты, Дастан уктап калганда гана үйгө жөнөштү. Жай турмуш акырындап өтө берди, Жекшен жумушуна кетип кечинде эртелеп келип уулун көтөрүп, Жамийланын көңүлүн алууга тырышып ага каралаша коет, ал андан бетер мисирээт. Айымкан кабатыр болуп тез-тез келип турат, Урумкан да келип кабар алып уул-келининин салкын мамилесин көрүп ичинен тынды: "Мисирейген өлүгүңдү көрөйүн десе, оюма койсо баламдын жанына жолото койбос элем, кантейин өзү тандап алды ушуну, эр өлтүрүп эриш бузгансып бир жолку күнөөсү үчүн кекетип жүргөн тура", - деп жини келип алды. Бирок ачык айтып урушкан жок, Жекшен келгенде эшикте экөө сүйлөшүп отурушту, Жамийла тамак жасап жаткан.

- Бу мисирейген өлүгүңдү көрөйүндү кетирип эле ийсеңчи балам, баланы алып калып өзүм эле багып алат элем.

- Койчу апа, баланы энесинен ажыратпайм.

- Анда тигил сур жылаандай болгон катының менен ушинтип жашай бересиңби ыя, сурданат эле сурданат.

- Сурданбайт, башкысы үйгө кайрылып келди, акырындап таарынычы жазылат, азыр ошентип турсун.

- Ооба, ичкениң ирим болуп аныңдын көңүлүн таба албай кыйналып жүрө бер! - Урумкан ары карап кетти.

- Эмне кыл дейсиң апа, кайра-кайра аял ала бермек белем? - деп Жекшен ордунан туруп кетти, эне-бала андан кийин сүйлөшө алган жок, Жамийла тамак ашын алып келип чай даярдап алдыларына койду. Эртеси Урумкан баласына таарынып кетти, Жекшен ошол күнү Жамийлага алтын сөйкө алып келип акырын маңдайына келди, ал жылмая маңдайына туруп калганда:

- Сага эмне болду? - деди Жамийла ага таң кала.

- Көзүңдү жумуп турсаң, - деди Жекшен.

- Эмнеге?

- Жөн эле, бир мүнөткө жумсаң.

- Болуптур, - деген Жамийла дал ушул кезде жылмая көзүн жумду.

- Эми ач.

- Бул эмне?

- Сырга, алтын сырга, сага белекке алдым.

- Кымбат нерсеге акчаны кайдан таптың?

- Табылат да байбиче, уулум экөөңөр аман болсоңор баары табылат.

- Рахмат, - Жамийла кубана күлүп жатты, - Абдан жакшы экен.

- Кел тагып берейинби?

- Макул, - Жамийла ага кулагын тосту.

- Сонун жарашты, буйрусун алтыным.

- Рахмат сага, - Ошентип экөө табышкансып калды, Жамийла өзү дагы көп ойлонду: "Мынчалык көктүк кылуунун эмне кереги бар эле, өз күнөөсүн мойнуна алып кечирим сурап жатат го, кой балам үчүн баарын кечем дедим, эми адамча жашашыбыз керек", - деп ойлонуп жатып Жекшенге жаркылдай карады.

- Жактыбы, күзгүгө карасаң, - Жекшен күзгүнү алып келе калды, кубанычында чек жок эле, анын маңдайында жаңы баш кошкондогу Жамийлаынын өзү турган болчу, экөө кучакташып турганда Дастан:

- Ата, апа, - деп экөөнү тарткылап жатты.

- Садагам десе, - Жамийла ала койду.

- Апасын менден кызганып жатканын, - Жекшен экөөнү бирдей кучактап өөп-өөп койду, - Алтындарым, менин бакыттарым десе.

- Балдарыбыз бактылуу болсо болду, - деди Жамийла ойлуу.

- Кабатыр болбочу алтыным, балдар үчүн иштеп жашап жатабыз го.

- Ооба, биздин жасаганыбыздын баары балдар үчүн эмеспи. Экөө андан соң бактылуу сүйлөшүп чай ичишти, үй-бүлөөнүн тынчтыгы, ынтымагы адам баласы үчүн кандай бакыт, көптөн бери жакын жүрсө дагы бири-бирин таппай адашып аралдын эки жээгинде жүргөндөй бүгүн сырдашып чер жазып отурушту. Жамийла жаман ойлорун өзүнөн алыс кубалап Жекшен менен ынтымактуу жашаганга беле байлады, турмуштун ысык суугун бирге жеңүүгө белсенди, Адилди жактырбаса дагы айдай уулунун атасы экенине баш ийип: "Бир балам өлүмдүн айынан жетим калды эле, Дастанымды тирүү жетим кылбайын, өз бактымдан балдарымдын келечеги кымбат эмеспи, эми эки уулум үчүн жашоого акылуумун", - деп чечкиндүү кадам таштады.

Жекшен болсо Жамийланын кадимкисиндей болуп жаркылдап-жайнап өзүнө камкорлук кыла баштаганына кубанып калды. Көзгө илээшпей өтүп турган убакыт шаркырап аккан суудай адам өмүрүн улам уурдай берди, Жамийла үчүнчүсүн кыз төрөдү. Жекшен андан бетер кубанып кызынын атын өзү Данагүл койду. Жээнтек берип той кылышты, кудагый-кудалар чогуу болуп наристеге ак баталарын беришти. Дастан бешке чыгып такылдап калган, Адил эч келбейт, Жамийла өзү барып гана учурашып келбесе баягы бойдон басып келбеди. Жекшен батирде отурган үйдү сатып алып эки жагын ремонттоп, короосун оңдоп жасап алды. Бир күнү алар эки баласы менен сыртта сөрүүдө отурса Марат менен Мемоза келип калды, Жекшен менен Жамийла бири-бирин карап туруп калышты. Өздөрүн көргөндө делдээ сүйбөгөндөй отуруп калган Жекшен экөөнү көрүп Марат бакылдай бериледи:

- Оой ата, Жекшен сен бизди унуттуңбу ыя, экөөңөр тең эле тилден калгандай болдуңар да.

- Кел-кел Марат, келип калыпсыңар, - Жекшен сыр билгизбей тозуп алып учурашты, Жамийла дагы Мараттын эчтекеден кабары жок экенин сезип учурашкан болду. Мемоза болсо жалтактап эптеп эле күйөөсүнө сыр билгизбей келгендей түр көрсөттү.

- Кандай анан, силерди балалуу болуптур деп угуп Мемозаны ээрчитип келип калдым.

- Келгениңер жакшы, кел отургула.

- Адегенде уулуңа анан кызыңа көрүндүк берели, - Марат Мемозага карады, - Алып чык көрүндүктү.

- Ий-ий, мына-мына... - Мемоза акча алып чыгып күйөөсүнө берди да өзү баштыгынан балдарга ылайык күрмө шым алып чыгып Дастанга, Данагүлгө деп берди. Ошентип алар дагы тагдырдын буйругу менен бетме-бет отурушту. Көптөн кийин Мемоза сыртка чыкканда Жамийла кошо чыгып:

- Кантип келдиң, биз ажырашып кайра табыштык, бир шылтоо таап келбей турган болбойт белең, - деди:

- Жамийла, мен бирдеме десем Марат мени соо койбойт, ал Жекшенди досум деп жүрөт, кантип айтам катташпайм деп.

- Анан эмне ушинтип катыша беребиз деп ойлойсуңбу?

- Өзүм да билбейм, мени кечир.

- Бир жолун тап, кааласаң өзүң сүттөй таза боло бер дагы менин каалабай турганымды айт, кыскасы менин сени менен ак дасторконумда отургум жок экенин түшүн, - деп кирип бара жатып, - Эгерде сен айтпасаң мен ачыгын айтам, - деди жини келе.

- Жамийла! - деди Мемоза, Жамийла укпагандай кирип кетти, Мемоза өзүн жаман сезип сыртта көпкө отуруп анан кирди.

- Ой сага эмне болду? - деди Марат ага.

- Жүрөгүм ооруп турат, мен агамдыкына бара берейинчи.

- Кой эми, чогуу эле кетебиз.

- Ооба-ооба, ит куугандай болбой, - деп койду Жамийла, - Көпкө бака-шака болуп арактан алып эки балага бак-таалай каалап тост айтып отуруп түн бир оокумда жатып калышты. Мемоза күйөөсү менен ички бөлмөгө Жекшен менен Жамийла оозгу бөлмөгө жаткан, түн бир оокумда Мемозанын сыртка чыкканын сезди да уктамыш болуп жата берди, Жекшенди чыгаар бекен деп ойлоду эле ал козголбоду. Эртеси Жамийла аларды узатып жатып өздөрү алып келгенин өзүнүн баштыгына салып берип акчасын ороп койду. Мемоза агасыныкына барганда көрдү, бирок Маратка айтпады, кокус айтып койсо Марат аларга сөзсүз барышы мүмкүн эле, анан сөздөн-сөз чыгып акыры айтылбаган сыр айтылып калат деп коркту. Ошондон көп өтпөй Марат эң кичүү баласын отургузуп той берип чакырган экен барбай коюшту, Мемоза баары өзүнүн күнөөсү экенин билип турса дагы Жамийланы күнөөлөдү.

- Жамийланын бизди жактырбай калганын баягыда эле байкаганмын, Жекшенди ал жибербейт да.

- Жамийла андай келин эмес эле...

- Ооба, мисирейип тим эле өзүн кыйын сезет экен ал.

- Жакшы эле келин го?

- Ээ мейли келбесе, кудайга шүгүр дечи, Жекшенден башка досторуң деле толуп жатпайбы, мына улак деген толуп кетти.

- Ошентсе дагы келсе ошол досторум менен тааныштырайын дегем да.

- Өздөрүнөн көрсүн.

- Мейли эми, балким шарты болбой калгандыр.

- Шарты келбей эмне, Жекшен өзү инженер го, сага караганда айлыкты ал көп алат.

- Болуптур эми, сыртка дагы киши келди окшойт.

- Келе электер келсе керек, - Экөө тең чыга калышты, алар чыкса Мараттын классташы аялы экөө келиптир, бакылдаша учурашып ичкери кирип орун алып той шаанисин кылып жатты, андан кийин дагы келе электер келип кайрадан үйү толуп чыкты, ошентип эки жакта эки үй-бүлөө бири-бирине катташпай тым-тым болушту...

Жантай кийин кадимкисиндей болуп калды, бирок эч ким менен сүйлөшпөйт, үйгө кирип чыгып өзү менен өзү сүйлөшүп күбүрөп жүрө берчү болгон, ата-энеси аны өз үйүнө алып кеткен. Бир күнү эртең менен:

- Апа, менин кийимдеримди алып берчи, - деди Жантай.

- Эмне кыласың балам?

- Жамийла мени күтүп жаткандыр, барып алып келейин.

- Жакин, - Селки эмне дээрин билбей күйөөсүн карады.

- Балам, Жамийла шаарга кетип калыптыр, кайдан табат элең? - деди таштан, - Убара болбо балам, башка аял алып берем.

- Кереги жок! - Жантай жерди муштап калды, - Жамийла мени таштап кетпейт, мен сөзсүз аны табышым керек, - Жин ургандай атып турду, - Мен анын атасына барамын, алар таап беришет.

- Ой бала, арадан канча жыл өттү, сени күтүп жүрө бермек беле, ата-энеси кайдан билет аны, тынч бол эми.

- Жо-ок, мен Жамийланы тапшырам, - деп чыгып кетти, артынан чыккан Таштанга каары кайнай карады:

- Артымдан чыкчу болбогула.

- Эсиңе келчи балам, чырдашуунун эмне кереги бар? - Селки жетип аны карыдан алды, - Жамийла күйөөгө тийип эки балалуу болуп калган, эми ага барбай эле кой.

- Эмне, эрге тийип алдыбы, мени биротоло өлдү дедиби? - Акшыя карап туруп калды.

- Ооба садага, көп болду күйөөгө тийгенине.

- Мен аны кайра алып келемин, келбесе өлтүрөм! - деп жөнөй берди, ал таксиге отуруп кайнатасыныкын көздөй жөнөдү, таштан анын артынан такси айдатты, Жантай келгенде күүгүм болуп калган, жулуна кирип барганда Адил аны көрүп элээ төргө карай ыктады.

- Жантай, сенсиңби балам? - деп калды Айымкан үрпөйө.

- Жамийла кайда? - деди Жантай орой.

- Ал жок балам.

- Жок дебегиле, азыр мага таап бергиле! - деп бакырды Жантай, Садык тура калып ага сес көрсөтмөк болду.

- Аны эмне кыласың алты жылдан бери күтүп отура бермек беле, ансыз дагы беш жыл сени күттү го?

- Эмне деп жатасың эш-шек, азыр айтпасаң териңди тескери сыйрам!

- Сыйрыгыдай сен кимсиң? - деп тике маңдайына келгенде кекиртектен бекем кармаганда көгөрүп мууна баштады.

- Коку-уй Жантай, бул эмне кокуй? - деп Айымкан арачаламак болгондо аны түртүп ийди эле дубалга тийип эсин жоготуп койду, ошол учурда Таштан кирип аны катуу таяк менен уруп туруп Садыкты эс алдырып Жантайды буту-колун таңып таксиге салып алып кетти. Айымкан көптө эсине келип көзүн ачканда Садык:

- Кудай урган десе, мындай оорулууну эмнеге бошотушат, байлоодо карашпайбы, - деп какап-чакап жөтөлүп, - Кемпир акыбалың дуруспу? - деди.

- Кудай сакта-а, кайда кетти кан ичер?

- Таштан келип алып кетти.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, Жамийладан айлангыр, - Айымкан жоолугун алып башын сыйпалап томпоюп жарылган жеринен сызылып кан агып калганын көрүп, - Аз жерден өлтүрө жаздады, башымдын жарыгын көрсөтүп милицияга айтып койбосо бул шерменде дагы келет.

- Ээ эмне кыласың кемпир, Таштан көрдү эмне кылганын, эми жөнөтпөйт.

- Ошолор кайтарып эле отурабы? - деп кобурашып жатты, Адил чыгып: м

- Апа, мен аны көрүп эле коркуп кеттим, - деди.

- Садагаң болоюн десе, жедеп көңүлүңдү калтырып жүрөгүңдүн сары суусун алган да, мындайдын өмүрү да узун болот, өлбөгөнүн кара, - деп Айымкан каргап кирди.

- Кой кемпир, Жантай деле жакшы жигит эле, ткомок жегенден кийин бечера акылынан айнып калды да, каргаганда эмне, анын дагы көрөөр күнү, ичээр суусу бар да, - Садык аялын жайгара сүйлөдү.

- Таштан келбесе сени өлтүрүп коймок ботом.

- Көрөөр күнүм бар экен да-а.

- Жамийланы таап алса кантебиз кокуй, аны соо койбойт бу...

- Коркпо, эми катуу карашат, - Кемпир-чал кобурашып көпкө чейин отуруп анан жатышты. Таштан Жантайдын буту-колун байлап үйүнө алып барды дагы ооруканага алып бармак болуп Селки экөө кеңешишти, эртеси кийинтип алып таксиге отургузуп алып кетти. Ал кечээги ишин унуткандай момун болуп калыптыр, мас кишиден бетер соолугуп кылган ишин билбей калгандай түрү бар. Жолдо кетип жатып эле бакырып жиберди:

- Жама-ал, ата Жамийла кетип жатат, ал менин жарабай калганымды жарыя кылып жатат, мен аны өлтүрөм!

- Тынч отур, Жамийла жок бул жерде, - Таштан бекем кармап алды.

- Мен аны өлтүрөм, ал менин сырымды баарына айтып жүрөт, менин жарай албаганымды айтып жүрөт, - Жулуна бергенинен шоопурга акырын белги берди, ал токтотту да даярдап алган жип менен таңып отургузуп коюшту. Ошентип аны кайрадан жиндиканага жеткиришти. Жамийла бул кабарды угуп аябай коркуп калды, айрыкча эки баласы менен калганда эшигин кулпулап, терезелерин караңгылап алат, бирок Жекшенге эч нерсе айтпады. Бир күнү эрте келген Жекшен эшикти ачтыра албай терезеге келгенде гана ачты. Данагүлдүн туулган күнү эле, торт алып эрте келгени ошондон эле:

- Сага эмне болду ыя, эшикти эмнеге кулпулар алдың?

- Жөн эле, Данчик сыртка чыга берет, тынч уктап алайын деп эле.

- Ошондой эле болсунчу бакытым, - Эңкейип келинчегинин бетинен өптү. - Кана, ханышабыздын туулган күнүн белгилейбизби?

- Мен даяр эмесмин, сени эрте келет деп ойлобогонмун.

- Мейли, экөөлөп даярдай коебуз, баса сага айтаар жаңылыгым бар, - Жекшен аялын жылмая карады.

- Кандай жаңылык экен, угалычы.

- Менин бала кезде достошкон досум бар эле, ошол келе жатат.

- Бүгүнбү?

- Ооба, тез даярданалы.

- Даярданалы, - Жамийла төркү бөлмөдөгү үстөл үстүн ача салды, баары даяр эле, Жекшен көзүн алайта Жамийланы карады.

- Ушундай гана табышмак аялсың го жаным, - Кучактап өптү, - Мунун баарын качан жасап үлгүрдүң?

- Сени таңгалдырайын дегенмин.

- Кандай керемет жансың алтыным, - Жекшен кубана карап турду, - Эми тамак жасоо эле клаган тура, ашты өзүм басайын ээ, сен чарчадың.

- Ал дагы даяр, болгону күрүчтү сала коебуз.

- Ой алтын десе, ага да жетиштиңби?

- Аял кылам десе баарына үлгүрөт, кызымдын бир жашын эсте калаарлык кылып белгилейли, эми менин дагы сага айтаар жаңылыгым бар.

- Кандай жаңылык, айта гой.

- Менин мектепте бирге окуган классташ, сырдаш курбум келе турган болду.

- Эң сонун, анда конок күтүп туралы.

- Жарайт, - Жамийла жылмая наздана карады.

- Кызык, менин досум менен сенин курбуң бир мезгилде келе турган болгонун кара ээ? - деди Жекшен күлүп.

- Ооба, эки күн мурун көчөдөн жолугуп калдык.

- Мен дагы, бир жума мурун жолуктук, бирге чай ичип отуруп дал бүгүнкү кызымдын туулган күнүндө келгиле деп койгонмун, экөө ошентип сүйлөшүп жатканда Эдил менен Элмира өздөрүнчө талашып-тартышып бир чечимге келе албай жатышты:

- Эдил, адегенде Жамийлага барып анан сенин досуңа баралы, экөөнүн тең көңүлүн алалы, - деп Элмира болбойт.

- Жо-ок, биз канчадан бери жолуга элек болчубуз, биринчи ага барабыз, эртең сенин курбуңа.

- Болбойт, экөөнө тең барбайбыз.

- Эмнеге?

- Сен аялыңды сыйлаганды билбейсиң.

- Билем алтыным, эң жакшы билем, - Эдил ойлоно калды, - Сенин курбуң кай жакта турат экен, дарегин карачы.

- Эмне кылмаксың?

- Экөө алыс-алыс болсо чучу кулак кармайбыз, аралыгы жакын болсо дароо эле биринен-бирине өтөбүз, - дегенде Элмира Жамийла берген даректи карады, Эдил өзүндөгү даректи карады.

- Турусбекова-260 дейсиңби?

- Ооба, эмне болду?

- Ой, экөө тең бир дарек го? - Эдил каткырып күлүп жиберди, - Кызынын туулган күнү беле?

- Ооба.

- Балким экөө биргедир, досумдун аялы сенин курбуң го?

- Чын элеби? - Элмира дагы күлө карады, - Жакшылап карачы.

- Мына, эч кандай жаңылуу жок.

- Анда кеттик.

- Кеттик, - Экөө балдарын дайындап коюп үйдөн чыгышты, такси аларды айткан дарекке жеткиргенде Жекшен тосуп алды, ошентип алар учурашып орун алган соң болгон окуяны, экөө талашып-тартышканын айтып күлүп жатышты.

- Кызык болбодубу, аз жерден келбей кала жаздадык.

- Ошону айтсаң, бул болсо өзүнүн курбусуна баргысы келет, мен өз досума барам дейм, көрсө экөөңөр чогуу турбайсыңарбы, - деп күлдү Эдил.

- Иши кылса күткөнүбүз силер гана, эч кимди чакырган жокпуз.

- Ээн-эркин сүйлөшүп отуралы, Жамийла менен Элмира өздөрүнчө сырдашып оңуп калсын, - деп Эдил бакылдап жатты. Көптөн бери көрүшпөгөнгө сагынышып калышкан экен, өткөн-кеткенди айтып, Данагүлдүн келечегине жакшы сөздөрдү айтып бакылдашып отурушту, бир кезде Жамийла менен Элмира өздөрүнчө сыртта отуруп сүйлөшүп жатты.

- Жамийла, сенин күйөөңдүн өлгөнүн угуп барып сени таппай калдым, минтип кайра турмушка чыгып жакшы болуптур, балаң чоңоюп калдыбы?

- Чоңоюп калды, алтынчы класста окуйт.

- Чоңоюп калыптыр, өз колуңа алган жоксуңбу?

- Ал таята-таенесине көнүп калды, жүрө берсин.

- Туура кыласың, акыры сенин балаң да.

- Өзүң канча балалуу болдуң?

- Үч балабыз бар, улуусу жетиде окуйт, кичүүбүз али мектепке бара элек.

- Жакшы болуптур, Эдил жакшы адам экен.

- Кудайга шүгүр курбум, Жекшен деле жакшы дейт Эдил, сага жакшы элеби?

- Жакшы, ынтымактуу жашап жатабыз.

- Ошондой болсун, - Элмира ойлонуп калды.

- Сүйлө, - Жамийла күлүп калды.

- Кой үйгө кирели, эркектер мас болуп калбасын, Эдил ичсе аябай чатак, айтканын кылбаса дароо уруш чыгарат, ичпесе андан өткөн жакшы неме жок.

- Ошонусу жаман тура, жүрү үйгө кирели, - Экөө ээрчише ичкери киришти, бакылдап отуруп Жекшен менен Эдил бир топ кызып калышкан экен.

- Эдил, эми кетели, түн бир оокум болуп калды.

- Эмне, досум менен бир түндү отуруп өткөрсөм болбойбу?

- Болот дечи, бирок балдар жалгыз калбадыбы.

- Каныбек чоңоюп калбадыбы, жата беришет, - Эдил болбой койду, Элмира унчукпай отуруп калды, дагы ашыкча сүйлөсө уруш чыгаарын билет эле, сырын билгендиктен ооз ачпай Жамийла менен сүйлөшүп отура берди, тигил экөө болсо тээ качанкы бала кездеринде өткөндү эскерип каткырып жатышты. Таңга маал гана көздөрү илинип Жекшен менен Эдил бир бөлмөгө, Жамийла менен Элмира бир бөлмөгө жатып калышты. Эртеси түш оой ойгонушту, Жамийла эбак кызы ойгонгондо туруп идиш аягын жыйыштырып, ысык тамак жасап күтүп жатты. Жекшен, анан Эдил ойгонду, андан кийин Элмира турду, кайрадан дасторкондо отуруп бакылдашып жатышты. Кечке маал гана аларды Жекшен өзү жеткирип келди. Жамийла үйдө отурган, ал түндө уйкудан калганга бүткөн бою талыкшып уйкусу келип кызын кучактап жаңы гана жаткан, эшиктен бирөө кирип келе жаткандай болгонунан: "Жекшен эрте эле келип калдыбы", - деп ойлоп тургусу келбей жатканда каалгалар тарс-тарс ачылып тура калды.

- Жамийла, Жамийла кайдасың? - деген Жантайдын үнүн угуп жүрөгү оозуна тыгыла түшүп эки баласын төшөккө ороп өзү дивандын артына өтүп жатып калды, эшик ачылып кирип келип эч ким жок экенин көрө кайра артына жөнөгөндө алдынан Жекшен чыкты.

- Сен кимсиң?

- Мен, Жантаймын, менин аялым Жамийланы ушул үйдө деди эле.

- Кайдагы Жамийла, мен андайды тааныбайм.

- Аялың барбы?

- Аялым жок, - деди Жекшен орой, - Милиция чакыра электе кетип кал, - Жини келе ага сес көрсөтмөк болду.

- Мейли тууган, мени жиндиканадагылар издеп жүрөт, катып койчу, - деп корголой калды.

- Эч ким жок, азыр кетип кал, келип кала электе.

- Макул тууган кеттим, мени көргөнүңдү эч кимге айтпа, аялымды издеп жүрөм, - Кетип жатып кайра артына кайрылып Жекшенге жакын келди да, - Аялым менин жарабай калганымды айтып койду го ээ, аялга жарабай калбадымбы, - деп акырын айтты, - Сен эч кимге айтпа ээ?

- Жок-жок, эч кимге айтпайм, тез кетип кал, болбосо таап алат, - деп Жекшен аны алдап эшикке чыгарып коюп кайра кирди.

- Кеттиби? - деп Жамийла алдынан чыкты, - Жүрөгүм түшүп калды.

- Кетти, чыкпай тур ким билет кайра келип калабы?

- Ким айтты экен, кандай неме көрсөттү ыя? - Жамийла алаңдай эшикти карады, - Акмактар десе киргизип кеткен го.

- Кайдан билдим, дагы эрте келип калганым жакшы болду.

- Жүрөгүм чыгып кетти, ал мени өлтүрүп эле таштайт.

- Өлтүрүп эле эмне, аны айтыш керек экен, - деп Жекшен оозун жыя электе Жантай кайра кирип келди, Жамийла ичке кирип кетти, Жекшен аны акырын алдап машинасына отургузду да милицияга алып барып карматып кайра келди. Ошондон кийин Жантайды байлоодон бошотпой калды, жипти тиши менен кырчып үзүп алат, кийин чынжыр менен байлап коюшчу болду. Ата-энеси аны көрүп зээни кейигени менен колунан келээр аргасы жок эле, барып көрүп кайра келишет, бир туугандары анда-санда бир барат, кийин ал баарын эле билип турат, бирок акылга келе албай ар кайсыны сүйлөп Жамийланы айта берет, апасы барса деле: "Жамийланы алып кел апа, мени элге жайбасын, менин жарабай калганымды айтып койду го, эми кантип басын жүрөм", - дей берчү болду. Анын дал ошол оорусу катуу тийип ошондон улам нервтен бузулган деп жакшы эле дарылашып жатты. Бирок жылыш болбоду, бир жыл байлоодо жатып бир күнү дааратканага бара жатып терезеден секирип жаны тынчыды.

Аны ошентип жерге берип ыйлап-сыктап кала беришти. Жамийла адеп укканда ичинен кубанды, бирок аны аяп боору ооруду: "Кырсык болбосо жакшы адам эле, оорулуу болгондо дагы мени ойлогонун кара байкуш, жаның жанатта болсун, бей күнөө акмактардын курмандыгы болдуң, тиги дүйнөңдү берсинчи кудай, менин басып кеткенимди кечире гөр жараткан", - деп алды. Жекшен анын ойлонуп отурганын көрүп басып келди.

- Эмне болду жаным?

- Жантай өлүптүр.

- Рахматы болсун.

- Байкуш, бир канкорлордун курмандыгы болду, токмок жегенде башынан катуу сокку алып ошондон оңолгон жок.

- Жаман болгон экен, бул да болсо тагдыры.

- Ошондой болду, аркы дүйнөсүн берсин эми, - Жамийла улутунуп алды, Жекшен ага үн деген жок, жөн гана: "Ойлонуп алсын", - дегендей басып кетти, бара-бара Адил чоңойгон сайын Жамийла акчаны үнөмдөп кийимдин жакшысын ага алып берип жиберчү болду. Иштен кыскарылып кайра куруу башталгандан тартып акчадан каржалып калышты. Жамийла кызы менен иштей албай үйдө болуп бир топ кыйнала баштаганда:

- Жекшен, мен базарга чыгайын, элдин баары соодага кирип жатышат, - деди Жамийла.

- Дана азыр жаш, сен кыйналасың, андан көрө мен бизнес кылайын, атамдардан эки торпок алып келип сатып айлантайын.

- Береби, ошол айланып кетсе жакшы го?

- Берет, кам санаба жаным, - деп Жекшен ошол эле күнү ата-энесине кетти. Бир жума жоголду, үйдө кант-чайы түгөнүп Жамийла эмне кылаарын билбей отурганда Алымкан келди, Садык катуу ооруп калып доктурга алып келишиптир.

- Атам жакшыбы? - деди Жамийла корккондой, - Адил жалгыз калдыбы?

- Ал чоңоюп калбадыбы, мал-салга көз салам деп калды.

- Мейли, - деп Жамийла айтканы менен ичинен баласынын жалгыз калганына ичи сыйрыла түштү: "Жекшенди жаман көрөт, ошондуктан келбей т, коркуп калбаса экен каралдым", - деп ойлонуп ийди.

- Ыя ботом, эчтекеңер жокпу, кыйналып калган турбайсыңарбы, - Айымкан дасторконго койгон нан менен карандай чайынан эле билди.

- Жекшен келип калаар апа, ал мал алып сатам деп кеткен.

- Жаш балдарың болсо, ачка отурганыңар курусун, - Айымкан бет аарчыга түйгөн акчасын чечип алып берди, - Ме буга керектүүңдү алып келип ал.

- Жөн эле койчу апа, Жекшен бүгүн келип калат.

- Келгиче суу чай ичип отура бермек белең, эт ашты оокат жаса атаңа барайын, - деп Айымкан өктөм сүйлөп кызын дүкөнгө жөнөттү, ал барып керектүүлөрүн алып келип эки баласы оңуп эле калды. Алар тамак ичип отурушканда Жекшен келип калды, үч бука жүктөп алган.

- Эмне болду, бизнесиң боло турганбы? - деди Жамийла.

- Буйруса жакшы, мына бул үч буканын бири менин пайдам, иштесе болот экен, - деп бапыраңдап азык түлүктү толтура алып келди, кайрадан бардаш өмүр сүрүүгө боло турганына көзү жетип ар жума сайын мал алып сатып алып келип кайра ордун алып коюп бизнеси күчөп калган кезде Садык дүйнөдөн өтүп кетти, арадан бир жыл өткөндө Айымкан оорубай туруп эле кете берди, ата-энесин эш кылып жүргөн Жамийлага кыйын болду, Адил тогузда окуп жаткан, бир туугандары малын бөлүп-бөлүп алышты, жалгыз калган Адилди Жамийла үйгө алып кетейин десе болбой туруп алды. Агасы үйдү сатам дегенде Жамийла:

- Ата-энебиздин топурагы сууй электе коломтонун отун өчүрөсүңөрбү, андан көрө тим кой Адил ээлеп калса эмне болот эле?

- Эмнеге, ар кимибиздин үй-жайыбыз турат, Адил жээн эмеспи, аны биерге койбойбуз, - деди агасы.

- Жээн болбосо эмне экен, атамдар ансыз дагы энчи бермек, силер бүт ээлеп алдыңар, жок дегенде үйдү бергиле, - деп чырылдады, эки агасы ага болбоду, эжелери дагы анын сөзүн укпай таарынышып Адилди алып келе берди. Адил сабакты абдан жакшы окучу, үйгө келгени Жекшен менен бет келишкенден тартынып жүрүп бара-бара көнүп калды. Бир күнү Жамийла букаларына чөп салып, суу берип жүргөн, Жекшен аны көрүп:

- Адилге эле салдырбайт белең, анын пайдасын качан көрөсүң? - деди.

- Ал сабагын окусун, алагды кылгым келген жок.

- Ушул заманда окуп эмне кылат, мына дипломду катып коюп мен деле соодада жүрөм, андан көрө иштегени жакшы, азыр окууга тапшыруу үчүн бир канча акча керек, - деп сүйлөнүп үйгө кирди, - Апаңды кыйнабай сен эле малга карап койсоң боло, - деп Адилге ороңдоду.

- Апам өзүм кылам деп койбодубу.

- Тур, малдын богун чыгар!

- Азыр, - Адил жини келе сыртка чыкты, ошондон кийин Адил колу бошой калса эле малды карап алдын тазалап чөп салат, ага Жамийла боору ачып көпчүлүгүн өзү жасап коет. Жекшен чынында Адилди жаман көрөт, Дастан үчүнчү класска окуп, Данагүл бешке чыгып калган. Жамийланын агалары ага каттачу эмес, Жекшендин мал алып сатып байып бара жатканын угуп келе баштады, ошондо Жамийла.

- Атамдар гана мени ойлоочу, үйдү сатып эмне таптыңар? - деди жини келе.

- Ал дагы керек болду да, - деди Сейит.

- Элдин балдары ата журтун сатпайт экен, эч кимиси жоктой кылып бир жылда тыптыйпыл кылдыңар, - Таарыныч кылып ыйлап жатты.

- Сатканда эмне, айылга бирибиз калбасак, өздөрү үйдү алып беришкен, жок дегенде Эрикти кармап калышса болмок, аны да үйлөнөөрү менен там сатып берип бөлүп ийишти, бош турган үй эскирет, алма бакты сындырып талкалап баа болбой калмак, - деп Сейит моюн бербеди. Жекшен кайнагасынын келген оюн билди, көрсө ал шерик болуп мал саталы деп келиптир, ата-энесинин тамын сатып бизнес кылам деп банкрот болуп калган экен. Ошондон баштап сиңдиси, ага-инилери алардан акча сурап келе башташты. Жамийла аларга ичинен жини келгени менен сыртынан сыр билгизбейт, Жекшенге дагы бер деп айта албайт. Акыры экөө кеңешип: "Бирөө менен шерикмин, мен эчтеке чече албайм, ортодогу акча бар", - деп коюшту, ошондо сиңдиси таарынып:

- Берип койсоңор кайтармакпыз, бир туугандыгың ушулбу? - деп таарынды.

- Башында менин акыбалымды сурап бириң келдиңерби, мен кандай күндү көрбөдүм, бир тууган болуп жанымда болбодуңар.

- Эми биз деле оокат тиричилик деп кол бошободу.

- Мен жападан жалгыз жаралгандай силерди келет, көңүлүмдү көтөрөт деп күттүм, же агаларым эжелерим, сиңди-инилерим келдиңерби ыя, балам менен жесир калдым анда келген жоксуңар, эми ата-энемдин үй-жайын саттыңар, мага эч кимиңердин керегиңер жок, атабыз же энебиз бөлөк болсо мынча кайгырбайт элем, - деп Жамийла ыйлап басылды.

- Койчу Жамийла эже, ушинтип эле кечип кетесиңби?

- Кечтим, ата-эненин ордун сактай албаган балдарынын мага кереги жок!

- Мейли эми, анда өзүң менен өзүң бол, көрөөрбүз дагы, - Сайкал чыгып кетти, чынында бир туугандар ыркы жок болчу, Садык балдары аялдарынан чыга албаганын байкап эле баарын өз-өзүнчө бөлүп жиберген, балдарын дагы алып барчу эмес, аларга деле жылына бир келсе келип келбесе эки-үч жылдап кабар алчу эмес эле. Ошентип бир туугандарына ачтеги арманын айтып Жамийла кала берди, Жекшендин малы улам көбөйүп саан уй күттү, жандык мал күттү, сата турган бодолору жайы-кышы бордолуп турат. Адил мектепти бүттү, ошол жылы он жылдык эле, кийинки жылдан баштап он бир жылдык болуп калды. Дастаны да чоңойду, Данагүл болсо тикчиңдеген кыз болду, үчүнчү класста окуйт, убакыт өткөн сайын Жамийла толуп кызыл-кызыл агы-ак балкайган аял болду. Үйүн оңдоп жанына эки кабат үй салды, жери кенен болгондуктан эски үйүн жөн гана оңдоп кампа кылып койду, анын ичи толтура азык түлүк эле. Эки кабат үйүн чет элдик мебелдерге толтурган, Эдил менен жакшы катышат, Мараттар баягы тоюна барбай койгондон кийин келбей калышкан. Жекшен соода менен алектенип жүрүп кызматкер достордон күттү, курсак байлап сөөлөттөнүп бара жатты. Адилдин окуйм дегенине көнбөй мал бактырып койду, күндө отузга жакын бодонун алдын тазалап, жем берип сугарып, кайра аларды жууп тазалап колу бошобой керээли кечке мал менен болуп калды. Чоңойгону ал апасын аяп Жекшенге тил кайрыбай айтканын кылып калган, бир күнү Жамийла экөө үйдө калганда:

- Апа, мен ушинтип мал менен жүрүп мал болуп каламбы? - деди кабагын түйө.

- Шашпа уулум, келээрки жылы окууга тапшырасың.

- Ошого болобу, башка мал бакчу алса оңой төлөбөйт, мен ага кул катары иштеп жатам да.

- Кой балам антпе, ушунун баары силер үчүн да.

- Билбе йм, мени окута койбойт го?

- Окутат, чыдай тур берекем.

- Макул, келерки жылы каршы болсо мен өз бетимче кетем дагы окуумду улантам, - деп Адил туруп кетти...

Мария бир үйдүн жалгыз кызы, ата-энеси карып калган, чынында небере кызы, жалгыз уулу аскерге окуп жүрүп кеткенден көп өтпөй эле Докенден кат келди, картайганда көргөн уулу аскерге кетип ыйлап-сыктаган чал-кемпир катты ашыга ачып карап калышты:

- Оку эми, тезирээк окучу, - деди Күлүйпа чалын шаштырып, - Эмне деп жазды экен каралдым.

- Шаштырбай, азыр окуйм, - Султан жай баракат катты ачып окуй баштады, - Алыскы абасы таза айылда жашап жаткан ата-энеме чоң салам, уулуңар Догдурбектен. Ата-Апа кандай жатасыздар, ден-соолугуңар жакшы, күлүү-күчтүү турасыздарбы? Ата, апа мен сиздерден бир өтүнүч кылам, жакында силерге бир кыз барат, анын боюнда бар, ал сиздин небереңер болот, мен барганча келиниңерге көз болгула, мен баргандан кийин кудаңарды күтөсүңөр, келиниңердин аты Алиман, көрүшкөнчө аман тургула ата-апа, уулуңар Догдурбек.1983-жыл. 4-октябрь", - деп оку бүттү.

- Ээ айланайын, келиниңер барат дейби? - Күлүйпа чалын ормое карады.

- Ооба кемпир, буйруса келиндүү да неберелүү да болот экенбиз.

- Болсун-болсун каралдым, шашып кеткен экен, элдей болуп төгүлүп чачылып келин албай тостоюп өзү келет бекен ботом.

- Ой кемпир, балаң айткандан кийин болду да.

- Мейли эми, кандай болсо дагы аман болсун, башыбызга баш кошулат экен, кудай деп туралы, - Кемпир-чал ошентип күтүшүп калды, союшун даярдап, дасторконго койчуларын белендеп күнүгө эки-үч жолу карап, аз-аздап боорсок жасап түгөтүп алышат. Он беш күн дегенде Алиман бир курбусу экөө келди, өңдүү-түстүү келинди көрүп ичи жылып курбусу экөөнү союш союп коноктоп, Алимандын башына жоолук салып жакшы тозуп алышты. Эки-үч күн жүрүп курбусу Гүлай кетип кемпир-чалдын жанында калды, Догдурбек тез-тез кат жазып турду. Ар бир жазган катында ата-энесине бөлөк, Алиманга бөлөк жазат, жазган катын окуп Алиман анын ата-энесинин көңүлүн көтөрмөккө өзү билип баарын жасап, кир-когун таза жууп, тамак ашын өз убагында белендеп турат. Андайда Күлүйпа менен Султан аны алкап баталарын берип жан-алы калбайт, бара-бара ичи билинип калганда анча кыймылдай албай калды, анда кымырынып-кысынып жүрүп кыз төрөдү. Султан менен Күлүйпанын кубанычында чек жок, небересине жээнтек берип кубанып жүрүштү. Алиман Догдурбекке кат жазды, андан кубанычтуу кат келди. Ошентип Догдурбектин келээр маалы болуп, койдун семизин, улагын даярдап күтүп жатканда үрөй учурган кабар келди, иштеп жатып кабат үйдөн кулап кетип Догдурбек жан таслим болуптур, кемпир-чал өкүрүп-өксөп, туугандары чогулуп сөөктү күтүп калышты, арпадан бир жума өткөндө түнкү саат үчтөрдө чоң машина менен сөөктү алып келип калышты. Султан менен Күлүйпанын акыбалы өтө оор болду, эстен танып уулунун тирүү келишин күткөн бечаралар сөөгүн кучактап отуруп калышты. Чоң темир сандыкты ачып жүзүн көрүп ого бетер эстен танышты, акыры эл-журт бар эмеспи, солдаттын кийимин кийгизип койгон жалгыз уулун аруулап ак кепинге ороп жерге беришти. Алима андан бетер ботодой боздоп сөөк чыгаарда үстүнө жатып алып:

- Докем, ала жат мени, ушундай сүйлөштүк беле, мен сенден калбайм, ала жат мени! - деп барып өзүн жоготуп койду.

- Кой айланайын, кудайдын жазуусуна пенде каршы чыга алабы? - деп сооротуп жаткандар эптеп алып чыгып кетишти. Бир гана наристе кыз эчтекеден бейкапар бу-булап төшөктө жатты, ал азыр дүйнө капар наристе эле, кайдан сезсин атасы өзүн көрбөй кеткенин, энеси боздоп түгөйүн издеген күкүктөй канча күндөн бери какшап ыйлап жатканын, бир күнөөсүз наристе эле...

- Жалгызын жерге берип ырым-жырымын жасагандан кийин Күлүйпанын пейили өзгөрдү, ыйлап-сыктап отуруп эле чырт этме кыял күттү, Алиманды жек көрүп басса-турса каргап шилеп кирет, Султан болсо эч ким менен сүйлөшпөй кирип чыгып күңгүрөнүп тамак ичпей ичим ысып жатат деп суу иче берип кыркына жетпей төшөк тартып жатып калды. Алимандын эч кимиси жок эле, өңдүү-түстүү, үстүңкү ээрди менен ээгинде капкара меңи бар. Өзү балдар үйүндө өскөн, кайненесинин кебинен улам заарканып турса дагы кирип чыгып ишин кылат, бата кылганы келгендерге ары карап ыйлайт. Бир күнү Күлүйпа ачуусу келип:

- Балама ак никелүү аял болуп келсең мындай болбойт эле, кара жолтой болдуң, баламдын башын жуттуң, ары карап ыйлабай эле кой, - деди силкине.

- Апа, мен Докенди сүйгөнмүн, экөөбүздүн чоң максат тилегибиз бар эле...

- Кана, ак жолтой болуп аруу бойдон келсең балам тирүү болбойт беле?

- Менде эмне күнөө, мен дагы анын аман-эсен келишин күтүп жүрбөдүм беле? - Сыздап ыйлап жатты.

- Болду, көз жашыңды тый да жолуңа түш, эми сени мен жакшы көрө албайм, сени көргөн сайын баламды өлтүргөндөй көрүнөсүң.

- Кайда барам апке, кызым үчүн кулуң-күңүң болоюн кет дебеңизчи.

- Мен сени менен бир үйдө тура албайм.

- Кемпир, - деди онтологон Султан, - Кудай кылса аргабыз барбы, Алиманга унчукпа, баламдан кыз да болсо туяк алып калды...

- Ким билсин, чыдай албайм мындайга, - Күлүйпа сыртка чыгып кетти, Алиман бүрүшүп ыйлап отурду.

- Айла-анайын ыйлаба, апаң кайгыга чыдай албай ошентип жатат, Марияны чоңойтуп анан өз жолуңду табаарсың, түбөлүк биз менен калбайсың да, жыл өтсө турпак суутат, көз жаш кургайт балам, апаңдын сөзүнө капаланбай эле кызыңды карай бер.

- Рахмат ата, менин бараар жерим жок, апам мени төрөп эле өлүп калган экен, атамдын ким экенин билбейм.

- Мейли балам, ал да бул да тагдыр, көп капалана бербе, - деп Султан көзүн жумуп калды. Ал кийин кайрат кыла баштаган, аркы-беркини ойлонуп өзүнүн ушу Догдурбегиндей кезинде тагасы менен ууга чыгып элик атмак болуп бир кырга чыгышты.

Тагасы дүрбү менен карап туруп Султанды мылтык менен мээлешип: "Мен тияктан үркүткөндө бери көздөй качат, сен ошондо атып кал", - деп ары жакка кеткен, коктудагы он-он бештей эликтерди карап туруп алар үрккөндө бери дүргүп качты, Султан бир ок чыгарганда бирөө мүдүрүлө жыгылды, экинчи жолу ок чыгарганда буту тайып кетип жардан ылдый кулап бара жатканын билет, андан кийинкиси эсинде жок. Көзүн ачканда чатырга алып келип денесине дары сыйпап карап отурушуптур. Ошондо кудайдын парманы менен тирүү калган экен: "Ажал жетпесе бийик аскадан учуп өлбөйт тура, баламдын жанаты ошол жактан буйруган тура, андан көрө баламдан кыз да болсо туяк калды, ошого канагат кылалы, алла пендесин кандай кылам десе өз эрки эмеспи, берет алат, жаратат кайра өлтүрөт, пенденин колунан эмне келмек", - деп ойлонуп өзүнө-өзү кайрат бере баштады, силкинип Алиманга асылган кемпирин тыйды, сыртта да ичте да жүрсө үшкүрүк менен жыл өтүп кетти, Мария болсо там-туң басып калган. Наристени алмак-салмак алып эркелетип кубанып алышат, бирок уулу алардын бүт жашоосун омкоруп кеткендей болду. Султандын бир тууган карындашы бар, ал шаарда турат, күйөөсү чоң кызматтарда жүрүп кийин көп ооругандан улам пенсияга чыгып өзү эс алууда эле. Догдурбек өлгөндө Айча келип Нурдин келбей калган, анткени кан басымы көтөрүлүп катуу ооруп жаткан. Уулунун ашын бергени жатканда Султан карындашын чакыртты, иниси жакын эле, Нурдин өкүрүп келди, көптө басылып Султан менен көрүшүп анан үйгө кирди. Ошол учурда ары карап ыйлап отурган Алиман кызы жанына ыйлап келгенде бери карай калды эле Нурдиндин көзү чакчая жүрөгү шуу этип алды: "Бул эмне деген табышмагың жараткан, пайгамбар жашына келип калганымда өткөнүмдү эске салаар кез келдиби, Айтургандан бир кыз калды деп уктум эле, балдар үйүндө деп укканымда дагы караган эмес элем, өмүр бою кызматта кычырап жүрүп турмуштун чындыгынан тана жаздаганымбы, Айтурганды издеп барганымда өлгөнүн угуп жер омкорулуп астын үстүн болгондой болдум эле, энесин жуткан каапыр деп кызын көрүүгө да жараган эмесмин, балким ал башкадыр", - деп эндирей отуруп калганда:

- Алиман, жездеңдерди ичкериге киргизишсин айтып койчу, - деди Күлүйпа.

- Макул апа, - Алиман чыгып кетти, аны узата караган Нурдин:

- Жеңе, кудаларыңыз кайдан? - деди, бирок эмне деген сөз угаарын жүрөгү сезип эле турду, бир ою: "Башка болуш керек, адамга-адам окшош боло берет эмеспи", - деп өзүн алаксытып турган.

- Кайдан, ушул желмогузду өзүнөн мурун жөнөтүп балам келбей калды, - Күлүйпа үшкүрүнүп көзүнө жаш алды, - Чарайнада жатып энесин жеп алган неме экен, эч кимиси жок, атасы бар имиш ким экенин билбейт.

- Койчу жеңе, бечара жетимдиги үчүн күнөөлүүбү? - Айча жеңесине карады.

- Өлүп кетсин, балама сүттөй таза келип ак жоолук салынганда мындай болбойт беле, боюнда барында келбедиби, айла жок кыз да болсо туяк деп карап отурабыз, жалгызым аман болсо мындай кыздардын эченин бизге эркелетип бербейт беле?

- Жаман болгон экен, бечара бул деле жамандыкты ойлоду дейсизби? - деди Нурдин, оюнда өзүнө-өзү жини келип турду: "Өз канымдан жаралган кыз эле го, ушундай сөз угузуп жетим деген атка кондурган мен акмак, Айчаны ала электе эле үйгө алып алсам болбойт беле, эми кандай кылсам экен, бул бойдон калтырсам келечеги кандай болот, болгону он сегизде, өтө жаш", - деп дили сыздап отурду. Аңгыча Алиман кирди, кызын көтөрүп алган, Нурдин:

- Кел-келе го, келчи мага, - деп Марияны өзүнө чакырды, ал чоочуркай апасына качты, - Келе гой кызым, - Нурдин болбой колун серелеп чакырганда Алиман алып барды:

- Бара гой, атага барчы.

- Мейли келбесе, - Нурдин төш чөнтөгүнөн элүү сом алып карматты, - таттуу алып берип кой кызым.

- Рахмат жезде, - деп күлгөндө Нурдиндин жүрөгү бычак мизи тийгендей зырп этип кетти: "Капырай көз карашы, турган турпаты Айтургандын эле өзү да, ушундай дагы окшоштук болот экен да, кой Айтургандын арбагы мени тынч койбой жатканы ушунда тура, бараар жери болбосо чөгүп жүргөн экен, булар дагы жакшы күтпөй калганын көрдүм, эми кызыма сырттан көмөк көрсөтпөсөм болбойт", - деп ойлонуп зыңгырай отура берди. Ошол күнү анын кан басымы кайра көтөрүлүп ооруп кечке маал кайра эле жолго чыгышты: "Менин өткөн өмүрүмдүн жабылган барактары, ачылбаган бойдон калыптыр", - деген Нурдин жол бою Айтурган менен таанышкан кезин, анын таарынып кетип калганын эстеп келе жатты...

Нурдин жаңы гана аспирантураны бүтүп университетке мугалим болуп иштей баштаган, жаңы окуу жылында окууга тапшырган кыздардын ичинен көзү Айтурганга түшүп калды. Бир күнү келсе эки-үч кыздын ортосунда ал ыйлап жатыптыр:

- Эмне болду Болотбекова? - деди басып келип.

- Агай, Айтурган кулап калдым деп ыйлап жатат, - деди Назира деген кыз.

- Андай болушу мүмкүн эмес, жакшы эле баа албадың беле?

- Билбейбиз, деканга кирсек эмки жылы тапшырасың деп койду.

- Жүрү мени менен, - деди Нурдин, Айтурган балбылдаган көздөрүн алайта ишенип-ишенбей карап калды, - Жүрү текшерип көрөбүз, балким жаңылыш болуп жүрбөсүн.

- Чын элеби агай, мен окууга өтө аламбы?

- Ооба, сенин окууң жакшы, - деп ээрчитип жөнөдү, кирип деканга айтса мойнобойт, тизмелерди текшерип отуруп Болотбекова Айтурганды таап чыкты, көрсө анын ордуна башка бир кыз кирип калыптыр, Нурдин ал кезде чындыкты сүйгөн ак ниет ишине берилген жигит эле, баарына кирип жатып Айтурганды ордуна койду, берки кызды башка бирөөнүн ордуна киргизип эми анын ордуна башка кыз ыйлап кала берди. Бирок ал сабакка анча эмес эле, Айтурган агайына чоң-чоң рахмат айтып ыраазылыгын билдирди.

- Агай, сизге рахмат, сиз болбосоңуз мен ыйлаган бойдон айылга кетмекмин.

- Эчтеке эмес, сенин эмгегиң бар, экзаменге жакшы даярдангансың.

- Ошондо да кала берет элем да.

- Айтурган, бүгүн кечинде ашканадан чай ичели.

- Ой-ий агай, көргөндөр ушак кылышпасын.

- Ким көрмөк эле, кечки саат жетиде ашканадан күтөм, - деп коюп Нурдин жылмая басып кетти.

- Агай, - деген бойдон Айтурган кала берди. Ошол бойдон унчукпай жатаканага кетти, өзү жактырып жүргөн агайынын чайга чакырганына өрөпкүп толкунданып алган. Назира аны көрүп эле тийише карады:

- Агай сенин көңүлүңдү жайлаган го?

- Эмне экен, агайдын жардамы менен окууга өтүп студент болдум.

- Айтурган, бир сөз айтайынбы?

- Айта бер.

- Сени агай бир башкача карады, сүйүп калган эмеспи?

- Койчу, мугалим кантип студентти сүйүп калсын.

- Бойдок экен, сүйсө сүйүп калгандыр?

- Андан болушу мүмкүн эмес, - Айтурган кийимдерин алып улам бир көйнөгүн алып нары коюп жатты.

- Каякка барасың? - деди Назира.

- Бир жакка.

- Айтсаң эми.

- Ой бир тагамдан апам посылка берип ийиптир, ошого барам, - деп Айтурган калп айта салды. Улам саатты карап тымызын толкунданып жатканда Назира унчукпай карап турду, анан саат жетиге караганда кийинип, жасанып алып жолго чыкты, ал шашыла келсе Нурдин эбак келип отуруптур, экөө учурашкан соң тамак заказ кылып Айтурганга кайрылды:

- Айтурган кай жердин кызысың?

- Чүйдүн.

- Ата-энең барбы?

- Атам бар, апам жок.

- Кечир, бир туугандарыңчы?

- Эки сиңдим, бир иним бар.

- Жакшы экен, апаң эмне болгон?

- Апам өлгөн экен, мен билбей калдым, атамдын кийинки аялы баккан.

- Ошондой де...

- Ошондой агай, өгөй эненин колунда чоңойдум.

- Ала гой тамактан, - деди Нурдин алдыга тамак келгенде.

- Кардым ток эле агай.

- Ток болсо да алып отур, - деп Нурдин кызды көзүн албай карай берди, үстүңкү ээрдинин четинде, астыңкы ээгинде капкара болгон калы өзүнө жарашып, тармал чачтары аны көркүнө чыгарып турган, кызды суктана карап: "Сулуунун көркү калында деген чын экен да, өзүнө жарашып турганын", - деп ойлонуп алды. Айтурган тартынып отуруп тамак ичти, - Ини-сиңдилериң жашпы?

- Ооба, иним алтынчы класста, эки сиңдим беште окушат.

- Сиңдилериң эгизби?

- Ооба.

- Сага окшош сулуубу? - деди Нурдин тамашалай.

- Коюңузчу, мен сулуу деле эмесмин.

- Сулуусуң, эми окууңду жакшы оку, келечекте физик болосуң.

- Ооба, окуйм агай.

- Мен сага өзүмдү жакшылап тааныштырайын, ата-энем бар, эки уул, эки кыз төрт бир тууганбыз, азырынча үйлөнө элекмин, - деди күлүп, - Сулуу кыздарды издеп жүрөм.

- Мм...

- Макул анда Айтурган, сенин студент болушуң менен эмесе кайталык, - деди да туруп эсептешип келди, экөө сыртка чыкканда күн бата элек эле, күн кыскарганы менен али ысык, сентябрь айындагы аптап күчүндө эле, коштошуп өз жолдоруна түшкөндөн кийин Айтурган улактай так секирип өзүнөн-өзү элире секирип коюп кете берди: "Али үйлөнө элек экен да, ата-энеси бар экен, өз энеси болгон кандай жакшы, мен дагы өзүмдүн апам болгондо азап тартпайт элем, чын эле Нурдин агай мени сүйүп калды бекен, андай болушу мүмкүн эмес", - деп кетип жатып аялдамадан өтүп кеткенин байкап кайра келип күткөн маршрутка менен жөнөдү.

- Мынча албырып кубанычтуусуң, жигит менен жолуктуңбу? - деди Назира.

- Эмне такыйсың, кайдагы жигит.

- Билинип эле турат, сен соо эмессиң, же сүйүп калгансың.

- Койчу Назира, сабакка даярданыш керек, - Айтурган ага таарына дулдуюп китебин кармап отуруп алды.

- Баары бир айтасың, курбуң эмесминби, айтпасаң таарынам.

- Эмнени айтам Назира? - Күлө карады, - Адегенде жигит табылсын анан көрөбүз.

- Үйдөн посылка келди дебедиң беле, кана алып келгениң? - дегенде Айтурган жана айта салган калпын эстеп уялып кетти, аңгыча эшик такылдап калды.

- Ачы-ык, - деди Назира.

- Айтурган ушунда жашайбы? - деп бирөө баш бакты.

- Таеке! - деп Айтурган тура калды, апасынын бир тууганы Тагай тагасы ага эт, сүзмө май, картошка алып келген эле.

- Садага, жакшы жүрөсүңбү? - деп Тагай жээнин чекесинен өптү, - Окууга өттү деп угуп келдим, акчадан кыйналган жоксуңбу?

- Бир аз...

- Атаң дагы акча берип жиберди, эки жүз, мен үч жүз беремин, беш жүз сом жетээр? - деди Тагай.

- Оо-ой ал аябай көп да.

- Үнөмдөп урун, иштейм деп убара болбо кызым, - деп Тагай бир аз отуруп анан кетти, Айтурган дароо эттен картошка менен кууруду, Назира экөө кардын тойгузган соң китептерин окуп кирди, ошентип студенттик күндөр башталды, Нурдин бара-бара кыздан көзүн албай калды, экинчи курска келгенде ага кат жаза баштады, өзү башка окуу жайга которулуп кеткен, жолугуша баштады, кыз жүрөгү элеп-желеп болуп китеп окуп жатса дагы Нурдиндин элеси көрүнүп уйкусу качып калды. Ошондой күндөрдүн биринде Нурдин аны ресторанга чакырды. Тамактанып отуруп винодон аздап алып кызып калды, дал ошол күнү Нурдин өзүнө ээ боло албай кызды бак ичинде отуруп кучактап өп кызга тийип койду. Бирок кыз ага өкүнбөдү, болгону ага жадырай карап:

- Өзүм сүйгөн адамга арналганыма өкүнбөйм, - деди Айтурган.

- Коркпойсуңбу?

- Эмнеден корком, сен мага үйлөнөсүң да чынбы?

- Албетте үйлөнөм, - Нурдин бае, оюнда эч нерсе жок кирсиз дүйнөсүнө ичи элжирей кучагына кысты, - Бизди эч ким ажырата албайт тоту кушум.

- Өлсөм гана сенден ажырабасам, тирүү ажырабайм! - деп эркелей алдында отуруп мойнунан кучактап алды. Экөө түнү бою ысыктын аптабында бактын ичинде жатышты. Андан кийин далай жолу бирге болушту, качан гана Айтурган боюна болуп калганын Нурдинге жолукканда айтмак болуп айта албай жатты:

- Гүлүм, Айым менин, мага бир нерсе дегиң келди беле? - деди Нурдин.

- Уялып жатам, баары бир айтышым керек, - Айтурган кирпигин төгүлтө ылдый карады.

- Эмне болду деги? - Нурдин кызды эки карысынан алды, - Айта бер күнүм.

- Менин боюмда бар...

- Эмне-е? - Нурдин адеп укканда ишенбеди, анан өзүн токтото санын чапкылап каткырып кирди, - Эмне дедиң?

- Жакпай калдыбы сага? - Айтурган өңү бузула көзүн алайтты, - Сен мени сүйбөйсүңбү, таштап кетесиңби?!

- Жинди кыз десе, менин айым, күнүм сени таштабай калайын, кубанганымдан өзүмдү кармай албай калдым, - Нурдин кызды кучактап өөп жерден так көтөрүп алып тегеренип жатты, - Мен бактылуумун!

- Чын элеби Нурдин? - Айтурган кубанычтуу көздөрүнөн жаш куюла күлүмсүрөдү.

- Чын айтам жаным, мен эртең эле атамдарга айтып келем дагы алып кетем көгүчкөнүм, - деп Нурдин дагы чын дилинен кубанып турду. Эртеси Айтурган сабагын жакшылап окумакка жатып алып окуп жаткан, бир кезде жатакананын эшиги ачылып бир суйкайган сулуу келин кирип келди:

- Сен Айтургансыңбы? - деди тике келип.

- Ооба, а сиз кимсиз? - деп тура калды Айтурган.

- Менин ким экенимди сурабасаң дагы айтамын, мен Нурдиндин сүйгөн кызы Мөлмөл сулуу боломун, сени таап алгандан бери мага карабай жатат, сен менден сүйгөнүмдү тартып алдың, эсиңде болсун ал сени күнүмдүк гана ойнотуп жүрөт, биз үйлөнөбүз сен каласың, кыз башың менен салынды болуп калуудан уялсаң бул жерден кетип кал, окуу башталганда бүт окуу жайга жайып шерменде кылам! - деди да кандай бат кирсе ошондой бат чыгып кетти. Айтурган керебетке жатып алып ыйлап жаткан, сабак башталаарына бир гана ай калган. Эртеси таң атаары менен Айтурган жатаканадан кийимин алып чыгып кетти, анын кайда кеткенин эч ким дагы билбей калды. Жолго чыгып алган Айтурган каякка бараарын билбей автовокзалга келип ыйлап да ойлонуп жатты: "Неге сүйгөн кызы бар экенин жашырды, менин жаштыгымдан эле пайдалангысы келген тура, болбосо тигил калп айтмак беле? Ай кудай ай өз энем болсо бир жөн, өгөй эне менин калпыс ишимди изилдеп, кылтык таппай зорго жүргөндө анын табасы канат го, кайда барам эми кимге даттанып кимге арманымды айтам, ким түшүнөт", - деп жүрөгү сыздап турду, азыр ал ээн талаа эрме чөлдө жалгыз энесинен адашкан тайлактай жетимсиреп турду, айланасында эл көп болгону менен жападан жалгыз эле, ар ким өз тирилиги менен машакаттанып аркы-терки өткөн элдер, бир орундукта дел боло шүүдүрүмдүн тамчысындай мөлт эткен жашын аарчууга алы келбей отурган көчөт кыздын жүрөгүндө кандай азап-кайгы менен арылгыс арман жатканын ким билсин. Кээси карап таңгалып өтсө кээси байкабайт деле. Кайда бараарын билбей отурган кыздын жанына тааныш айылдык келин басып келди:

- Айтурган, сенсиңби бул?

- Аа-а ооба-ооба, - Жашын аарчый өйдө боло калды.

- Сени издеп убара боломбу дедим эле, атаң катуу ооруп жатыптыр келип кетсин дешти эле.

- Атамбы, эмне болуп ооруптур?

- Билбейм, көптөн бери оору деген эле.

- Врачка көрүнбөдүбү?

- Анысын билбейм, апаң айтсаң өзү келет деген.

- Рахмат сизге, өзүм дагы барганы жатканмын, - деди да шашыла өз айылына кетчү автобуска жөнөдү, ал келгенде таасы алдан тайып туугандары тегеректеп калган эле.

- Келдиңби кызым, атаңдын абалы начар, - деди апасынын агасы Асанбек, - Кирип учураш.

- Атамды эмнеге ооруканага алып барган жоксуңар аба, мен келгенде эле жакшы жүрбөдү беле? - деди көз жашын көлдөткөн Айтурган, - Неге баарыңар үйүлүп карап турасыңар, доктурга көрсөтүшүбүз керек! - деп жүгүрүп үйгө кирди, - Ата, ата айланайын ата, доктурга баралычы, - деп кучактап алып туугандарын ыйлатты, ошондо Асанбек кирип токтоо:

- Кызым, атаңды врачтар көрдү, айыкпас ооруга чалдыгыптыр, айла жок карап отурабыз кызым, кудай боор ооруса сакайып кетет, сабырлуу бол садага.

- Кантип, кантип айыкпай турган оору менен ооруйт?

- Ашказаны ооруп билгизбей жүрө бериптир.

- Неге ата, неге айтпай жүрө бердиң? - деп көкүрөгүнө жатып алып ыйлай берди, ошондон эки күн өтпөй Болотбек дүйнө менен кош айтышты, Айтурган ботодой боздоп ыйлап жатты, аны да өз жайына беришти, жетилиги өткөндөн кийин эле апасы Алтынай:

- Болоор иш болду, боздогондон эчтеке чыкпайт, окууңду калтырбай бара бер, - деди жүзүн үйрө.

- Апа, мен кетип калсам эл эмне дейт?

- Сен Болотбектин жалгыз кызы эмессиң, сенден башка уулу менен эки кызы турат, - деди каарый.

- Апа, ошентсе да чоң кызы менмин го?

- Кой, көп сүйлөбөй даярдан да эртең жолго чык!

- Апа, бул кууганыңызбы?

- Жок, окууңдан алагды болбосун дегеним, - деп тескери карап кетти, Айтурган ыйлап көпкө отурду, анан аргасыз ордунан турду да түш ченде атасынын мүрзөсүндө чөгөлөп ыйлап жатты:

- Атаке, мен эми эч кимиси жок калдымбы, апам экөөңөр мени жапжалгыз таштап кеттиңерби, мен кимге эркелеп кимге таянам, ичтеги сырымды айтып ким менен сырдашам атаке, апам өлгөндө атам да апам да өзүң болуп эч нерседен кейитпей өзүңдөн башка менин таянаарым жок эмес беле! - Жаңы боз топуракты чеңгелдей соолуктай берди, - Бүгүн сенин жогуңду сездим, ушундан көрө экөөңөр менен бирге жер жазданып жатканым жакшы эмес беле?!

- Айтурган! - деп Тагай аны жерден өйдө кылды, - Эмне болду садага, мынча эмнеге зарладың, мынчалык болбочу айланайын.

- Таеке, менин таянаар тоом кулап калды, абалымды эми ким сурайт, ким мени эркелетип, ким менин каш-кабагымды карап кирпигимден эмнени кааларымды билет?!

- Олда-а садагам ай, илгертен эле ата-энеден бала калат, андан ары улана берет өмүр, жашоо ошонусу менен кызык, - Тагай Айтурганды жетелеп алып көрүстөндөн узап бара жатты...

Нурдин эки күндөн кийин жатаканага келип Айтурганды таппай калды, ал эмне болуп кеткенине түшүнбөй сабак башталаар кезди күттү, ата-энесин камынтып койгон кайра токтотту, ошентип жумушуна көңүлү чөгүп окуу башталганда Айтурганды издеп окуу жайга келди, бирок аны таппады. Назирага жолугуп сурады эле ал билбегенин айтты. Үмүтүн үзүп ишине киришти: "Боюмда бар деп калп айтса керек, ошол үчүн качып кеткен го, окуудан калып не кылат, деги бир нерсе болбосо экен", - деп ойлонуп жүрө берди. Анын туулуп өскөн жерин көрүп алды да аякка барып атасы өлгөнүн билди, бирок ага өгөй энеси Алтынай: "Атасынын өлгөнүнө кайгырмак турсун жетилигине күтпөй кетип калган", - деген жоопту айтты, ал Тагайдын үйүндө ысытмалап ооруп жаткан эле. Көзү илинсе эле атасы көрүнүп: "Кызым кыйналбай эле мени менен кетчи, абдан кыйналдың го", - дейт, умтулуп бара жатса кайра элеси көрүнбөй издеп убара болуп: "Ата, мени таштабачы, мен сени менен бирге кетейинчи", - деп убараланып жатып ойгонуп кетет. Бир күнү Тагайга айтты эле ал түлөө өткөрүп аны үйүнөн карап жатты, бара-бара ичи билингенсип бара жатканда өзүнө келип каранып бою башын түздөп алды да шаарга окуусуна бармак болуп кетти, ал Алтынайга ошол бойдон көрүнбөдү. Келип эле жатаканадан Назираны таппай калды, андан башка Назгүл деген кызга жолугуп сурады:

- Назира келет, өзүң окууңду таштайсыңбы?

- Жо-ок, бирок бул жерде турбайм го.

- Эмне, күйөөгө тийдиңби?

- Ооба, эми башка жакта турам, - деп сыр билгизбей күлө карады, аңгыча Назира келип калды.

- Оой Айтурган кайда жүрөсүң, дагы бир аз кечиксең окуудан чыгарып коймок, - деп бедиреген Назира аны менен кучакташа көрүштү.

- Келдим досум, сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.

- Угуп жатам, менимче сенде жаңылык көп болсо керек, - Экөө колтукташа жатаканадан узап бара жатты, - Кана сүйлө.

- Назира, менин атам кайтыш болду, - Айтурган көзүнөн мөлтүлдөгөн жаш куюла аны карады, - Кыркы жаңы гана өттү.

- Жаман болуптур курбум, арты кайрылуу болсун ыйлабачы.

- Өзүмдү кармай албай жатпайынбы, - Буркурап ийген курбусун Назира бекем кучактап сооротуп жатты:

- Койчу эми, ыйлабачы Айтурган, баары өтүп кетет, - Ойлуу анын көз жашын аарчып, - Айтурган, сени Нурдин агай сураган.

- Качан?

- Окуу башталганда, азыр ал мени көрсө эле сурай берет.

- Сураса сурай берсин.

- Деги соосуңарбы, силер кыз-жигит болуп алган жоксуңарбы?

- Жо-ок ай.

- Билбейм, бир нерсе бар ортоңордо.

- Назира, мен таежемдикинде болом, окууга эртеңден баштап барам, Нурдин агай сураса айтпа, мен ага көрүнбөшүм керек, сөз бер мага, айтпайм де, - Айтурган Назирага жалдырай карады.

- Макул, ошончолук маанилүү болсо айтпайм, - деп Назира күлүмсүрөй карады.

- Эми мен барайын, тагам кыздарына дайындаган, ал почтадан чалып койсо кабатыр болушат.

- Макул анда, эртеңге чейин, - Эки курбу өбүшө коштошушту. Айтурган таежесиникине барып жайгашып алды, алар аны жакшы тозуп алып көңүлүн көтөрүп, ыйласа сооротуп жатышты. Ошентип окуп калды, сабакта отурганда чоочулап эшикти карай берет.

Нурдин башка окуу жайда иштеп жатып ойлогону Айтурган болуп жүрдү, бир күнү ага Мөлмөл келди, ал мурунтан тааныш мамилеси бар кыз болчу.

- Кандай Нуке, иштериң жакшыбы?

- Жакшы-жакшы, өзүң кайдан?

- Жүрөм, жолугушпай калдык.

- Иш көп, кол бошобойт.

- Үйлөнгөнгө дагыбы?

- Ооба, бирок сага тиешеси жок да Мөлмөл.

- Кантип, бир кезде мени дагы сүйөм дегенсиң.

- Ал эми ойлонбой айтылган сөз да.

- Неге, бир кумар үчүнбү?

- Мөлмөл, менин иштерим бар, убактымды алба.

- Түшүнөм, менден жаш кызды таап алганыңды.

- Сен кайдан билесиң?

- Билмек тургай ага экөөбүздүн үйлөнө турганыбызды айтканмын, - деп Мөлмөл жылмайганда Нурдин үстөлдү муштай ордунан тура калды.

- Эмне деп жатасың, акылың жайындабы? - Ачуусу келе анын маңдайына келди, - Демек иштин баарын сен бүлдүргөн экенсиң да?

- Нурди-ин, - Мөлмөл андан тайсалдабай тике карады, - Менин артым менен аспирантураңды бүттүң, анан ишиң жүрүп итиң чөп жеп калгандан кийин мени көргүң келбей калдыбы?

- Мөлмөл, сени менен үйлөнүү жөнүндө сөз болгон эмес, анан дагы өзүңдүн бир базардан өтүп калган келин экениңди унутпа!

- Нурдин, менин сезимим сен үчүн түккө турбайбы?

- Сезимиңди сенин, сендей аял ажыдаардан дагы уулуу болсо керек, сен жаш кызды чаккан экенсиң да, кантип ошого дитиң барды? - Нурдин ачуулана анын кекиртегинен алып катуу кармап калчылдап туруп ал көгөрүп кеткенде кое берди, - Азыр чыгып кет!

- Нурдин...

- Уккум келбейт чыгып кет!

- Көрүшөөрбүз, - деп кекеткен Мөлмөл тамагын кармалай кабинеттен чыгып бара жатты, Нурдин отура албай кабинетинде аркы-терки басып алапайын таппай жатты.

"Демек ушунун кылганы экен да, ай Айтурган ай, жаштык кылыпсың, кайда эмне кылып жүрөт деги, неге мага жолугуп чын бышыгын билбейсиң, айтпай кетип калганын карачы", - деп жанын коеорго жер таппай турду. Анана кабинетине батпай сыртка чыкты, дароо эле университетке жөнөдү, ал келе жатканда Айтурган Назира менен чыгып келе жаткан, аны көрүп эле артына кайрылып кирип кетти, аны байкабай калган Назира Нурдиндин көрүп алаңдай түштү.

- Назира кандай окууларың?

- Жакшы агай, - Назира эки жагын элеңдей карап жооп берди.

- Назира, Айтурган келдиби?

- Аа-а жок, жок агай, андан кабар да ала албадык.

- Ага эмне болду экен? - Нурдин саамга ойлуу карап анан Назираны колтуктай басты, - Назира, сен мени туура түшүн... Айтурганды мага тиешеси жок эле бир келин капа кылыптыр, эгерде сага жолукса менде андай адат жок экенин, менин башка кызым жок деп айтайын дегем, мага ишенсин.

- Агай, жолуксам сөзсүз айтам.

- Сураныч, менин андай ала турган кызым жок, ушул күнгө чейин Айтурганды издеп азап чегип жүрөм, үйүнө барсам атасы өлүп калыптыр, өзүнө жолуга албай келдим.

- Жаман болуптур...

- Макул анда Назира, сага аманатым ушул.

- Жакшы барыңыз агай, - деп Назира аны узата карап турду: "Дегеле сыр билгизбейт, ортоңордо бирдеке бар десем дагы моюнуна албайт, демек сенин дартың агай экен го", - деп ойлонуп турганда жанына Айтурган келди:

- Жүрөгүм түшүп калды, эмне дейт?

- Эчтеке, сен кайда кетип калдың?

- Көрө коюп качып кетпедимби?

- Мен маңдайыма келгенде көрүп коркуп кетип карасам сен жоксуң.

- Качып кетпесем ал мени кармап алат эле, эмне деди?

- Эчтеке, ал үйлөнүп алыптыр, сени окуусунан калып калды го дейт.

- Үйлөнүп алыптырбы?

- Ооба, жакында үйлөндүм дейт.

- Ошондой экен да... - Айтурган көзүнүн жашын төгө басып кетип жатты, Назира аны карап туруп анан жете келди:

- Экөөңөрдүн ортоңордо эмне бар деги?

- Эч нерсе...

- Айтурган, чечилип сыр айтпайсың, бир сырың бар го ээ?

- Койчу Назира, эмне сырым болмок эле, ал менден бир топ улуу, анан дагы анын мени тоготоор жөнү бар беле? - деп Айтурган ылдамдай басып кетти, ал Назирадан жакшы сөз угам деп ойлогон. Нурдин издеп жүрсө, кечирим сураса кечирем деген ою бар эле. Анын издемек турсун үйлөнүп алганын укканда бул дүйнөдөгү жалгыз таянычы болгон адамынан да айрылганын билип дили сыздап кетип жатты, ошол бойдон ал окуусун таштап салды, ичин таңып жүрүп акыры төрөөр мезгили келгенде тагасынын кыздары билип калып такып сураса дагы эч нерсе деп айтпады. Толгоосу кармап төрөтканага алып барышты, ошол күнү кыйналып жатып төрөдү, бирок өзү кара келбес сапарга узады, Айтургандын өзүн ыйлап-сыктап алып кетишти, бирок төрөлгөн кыз жөнүндө айтылбай калды, аны бир айдай төрөтканада карап андан соң балдар үйүнө жеткирип коюшту. Төрөлгөндөгү делосу балдар үйүндө сакталуу, болгону Болотбекова Айтурган деп жазылган, үч ай өткөндө Тагайдын кызы издеп таап анын эч кимиси жок экенин айтып, атын Алиман коюп жаздырып андан кийин кабар алып турчу. Чоңойгондо ага көрүнбөй кээ-кээде гана белек-бечкек алып барып жүргөн эле. Нурдин ойлонуп бара жатып үйүнө кандай жеткенин сезбей калды.

- Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деди үйгө кирип орун алган соң Айча.

- Жакшымын байбиче.

- Көптөн бери кармабай калды эле...

- Эми оору да...

- Ооруй көрбө чал, эми балдардын жакшылыгын көрөөрдө сени жоготуп алуудан корком, ээрчишип сый урмат көрсөк экен Нуке.

- Коркпо байбиче.

- Кантип коркпойм, заматта кармаган оору... - Ыйлап жатты.

- Токто элең Айча, коркпо дедим го? - Жылмайган болду.

- Тынч жатып эс ал, - деп Айча акырын бөлмөдөн чыгып кетти, ал качандыр бир кездеги Нурдиндин сүрөттөрүнүн арасынан көргөн кыздын сүрөтүн эстеди: "Мында бир кеп бар, Алиманды көргөндө анын делдээ калганында сыр жатат, анан калса Алиман балдар үйүндө чоңойгон, эч кимиси жок экенин укканда ооруп калды, Алиман менен Нурдиндин бир байланышы бар", - деп ойлонуп жатып өзүнүн ага жолуккан кезин ойлоду...

Айча мединституттун үчүнчү курсунда окуп жаткан, сабакта отурганда аны бирөө чакырып алды, чыкса үйдөгүлөрүнөн келиптир. Агасы Актан менен кетип жатканда ал бир жерге кайрылмак болуп калды, машинасын токтотуп кирип кетип кайра Нурдинди ээрчитип келди:

- Бул менин карындашым Нуке, силер менен катышпай таанышпайда калдык, эми таежеңе көз салып жүр, - деди Айчаны көрсөтүп.

- Албетте тага, апам өзү болгондо башкача болот беле, биз дагы сиздерди тааныбай өстүк да.

- Эми мындан ары катышабыз, - деди Актан.

- Макул тага, аты жөнүн так айтсаңыз өзүм кабар алып турам.

- Жарайт жээним, биз анда баралы үйүңдү көрүп алдым, эмкиде сөзсүз келип кетем, - деп Актан коштошо жөнөдү. Келе жатканда Айча:

- Аке, ал кандайча жээниңер? - деди.

- Бизден улуу эжебиздин баласы ушул эле, силер билбей калдыңар, өтө жаш кезинде өлгөн, кийинки аялы буга өз энесиндей болуп апасын айтпаптыр, мен өткөндө сураштырып билип кеткенмин, ишенбей атасынан сураптыр, акыры минтип моюн сунду.

- Ии-ий да, - Айча зыңгырай отуруп калды, ал ошол бойдон унутуп деле калмак, көп өтпөй эле ал жолукту:

- Кандай таеже? - деп күлө колун сунду.

- Жакшы...

- Окуу кандай?

- Ойдогудай.

- Мен сүйлөшүп койдум, кышкы каникулда ойлонбой үйүңө кете берсең болот, баадан коркпо.

- Чын элеби?

- Ооба, чай-пай менен сыйласам болоор бекен таежени?

- Өзүңүз билиңиз, - Айча уяң жер карады...

Дал ошол учурда Нурдин Айтурганды таппай абдан жаман абалда жүргөн, Айчаны жактырды да атасына айтып Айчага үйлөндү, Актан ага каршы болгон жок, Актан менен Болотбек карындашынын бактысын ойлошту, бөлөк бөтөн эмес бир тууган жээни болгондуктан сөөк жаңыртты деген салтка таяп той беришти. Айча бактылуу аял болду, үч эркеги бар, үй-бүлөөсү ынтымактуу, балдары эс акылдуу, экөө бой жетип калды, эң кичүүсү мектепти жаңы аттаган... Айча селт этип алды: "Балким ал кыз ошол сүрөттөгү кыздын кызы болсочу", - деп шашыла эски альбомду издеп таап ача баштады, тапты... "Ооба, дал ушул кызга окшош, мен жаңылбаптырмын, андан бери он жети жыл өтүптүр, эмнеге жетимканада чоңойду таштап кеткендир, андайлар болуп эле жүрбөйбү, ай кудайым ай, деги эмнени ойлонуп жибердим", - деп ойлонуп ашканасынан суу ичти.

- Апа бул жактасызбы? - деген баласынын үнүнөн селт этти.

- Эмне болду балам?

- Жөн эле, мен машыгууга барып келейин...

- Аа-а, чай-пай ичип алсаңчы уулум, - деген Айча баласын караган бойдон ойго сүңгүдү: "Ооба-аа, мындан улуу болсо бир жаш же эки жаш чыгаар, ошондой болушу мүмкүн, ал кыздын сүрөтүн далай ирээт колу менен сыйпалап эндирей караганын көп көргөнмүн, бирок ага ичи таарлык кылган эмесмин, ал мурунку сүйүүсүдүр, эми жанында менмин деп ойлоп көңүлүмө дагы алган эмесмин, көрсө ал кыз жоготкон сүйүүсү болсо керек, ал тургай аны менен..." , - деп ойлогондо онтоп жиберди, караса уулу эбак эле көздөн кайым болуптур. Элдар, Эндар, анан кичүүсү Элмар эле, үч уулун кубат кылып, сыймыктанып өзүн эң бактылуу аял катары сезип жүрсө... "Ооба мунун жүрөгүнө тынчтык бербеген бирөө бар экен да, ал аял кайда деги, балким жолугушуп жүргөндүр", - деген ой башына урулганда баятан бери аяп жаткан күйөөсүнө альбомду көтөрүп кирип барды:

- Нурдин, Нурдин уктап жатасыңбы?

- Эмне болду? - Чоочуп ойгонгон Нурдин аялына баш көтөрө карап калды.

- Мен сенден бир нерсе гана сурайм, - Айча альбомду анын маңдайына алып келди, - Ушунча жылдан бери мен бул кыз ким, кайда сурабадым эле, чындыгын айт, ким болгон сага?! - деди Айтургандын сүрөтүн сөөмөйү менен көрсөтө.

- Ал Айтурган деген кыз эле...

- Сүйгөнүңбү же курсташыңбы?

- Жо-ок байбиче, ал менден он жашка кичүү студент кыз эле...

- Кайда азыр?

- Тиги дүйнөдө, балким бейиштедир - Нурдин ары карап кетти, - Аны эмнеге сурадың байбиче? - деди кайра оор онтой.

- Нуке, - деди Айча жумшара, - Кечээги сенин ооруп калганыңа ушул кыздын тиешеси жокпу же барбы? - деди Айча аныгын укмайынча жаны жай албачудай карады, - Балким ал сенин кызыңдыр?!

- Мынча болду ачыгын айтайын, - Нурдин козголо өйдө болду, - Отур эми жаныма, эселек эмессиң го, чындыкты уксаң эс алаарсың, бул өткөн нерсе го байбиче, - Нурдин ага жанынан орун көрсөттү, Айча үндөбөстөн отурду, - Бул кыз менин алгачкы махабатым эле, ага чейин кыздар менен сүйлөшсөм да жүрсөм да эч кандай үй-бүлөө куруу оюма келген эмес, - Нурдин оор үшкүрүп жеңилдене түшкөндөй Айчанын далысына колун койду, ал дале үн каткан жок, - Мен Айтурганды окуу жайдан көрүп эле ага байландым, - Нурдин баарын айтып берди.

- Мен ойлоп жүрбөйүнбү, мен биринчи сүйүүсү, махабатымын деп, көрсө сен эбак эле өз жүрөгүңдү башкага багыштап койгон экенсиң да...

- Ал жаштык кылды, сүйүүмдүн кадырын түшүнгөн жо, Мөлмөлдүн айтканына ишенип басып кетти... А сен менин үйүмдүн куту, балдарымдын энесисиң байбиче.

- Анда Алиманды Айтургандын кызы деп ойлойсуңбу?

- Жок, балким окшоштуктур...

- Ошол болсо кантесиң?

- Азыр аны ойлоого кудурет жок байбиче, ден-соолугумдун начар экенин көрүп турбайсыңбы, андан көрө менин өткөнүмдү ойлонуп кызганганды кой, ысык бирдеме берчи, - деди Нурдин аны далыга таптай оор дем ала.

- Мейли, аман болчу деги, калган сөздү кийин сүйлөшөрбүз, - Айча салмактуу ордунан туруп бөлмөдөн чыгып кетти. Бирок анын жан дүйнөсүнө бороон аралаш кар жаап борошо уруп жатты, жашы кырктан өтүп калса дагы солкулдап ыйлап жатты, көз жашы дайра көл эле: "Неге байкабадым, неге анын менден башка аял менен жүргөнүн сезбедим, эми өтө кеч, ушул жашымда таарынып эселек кыздын кылганын кыламбы, балдарым билсе эмне деп ойлойт, өзү оорукчан болсо менин таарынганымды көтөрө алабы, чыдай алабы, ай кудайым ай, деги жашоомдогу тынч өмүр сүрүүмө бир гана ошол кыздын кесири тиеби, жо-ок ал кызда не күнөө? Ооба тагдырдын табышмактуу сыры ошол Айтурганда го, ушунча жыл өткөндө өзүн эстетмек экен го, куюп койгондой окшош кызын бул дүйнөгө менин жашоомо бүлдүргү салсын деп таштаган экен да, же менин жазыгым болсочу, аппак кирсиз таза кезимде жолуктум эле го , же Нурдиндин жазасыбы, кесири мага тийгени турабы", - деген ойлордон башы ооруп чыкты. Саамдан соң өзүн жоготуп терезени карап турган жеринен жыгылып түштү, үйдө эч ким жок эле көпкө жатып калды, кичүүсү мектептен келгенде көрүп атасына айтты, ал тез жардам чакырып дароо ооруканага жеткиришти, укол сайып сестралар жүгүрүп врачтар кылдат карап жатышты. Ошентип ал инсультка кабылып коляскада отуруп калды. Нурдин врачтардын кароосунда болуп жатып бир топ жакшы болуп калган.

Алиман кайненесинин канчалаган каарына, заар сөзүнө чыдады, кээде жатып алып көз жашын көлдөтүп алат: "Эмнеге мындай жаралдым экен, төрөлөөрүм менен энем өлсө, күйөөгө тийсем ал өлсө кандай күнөөм үчүн жазаланып жатам, ал тургай өз энемдин атын дагы мага айткан жан болбоду, кызымды таштап кетсем кемпир чал жүдөтүп алаар, алып кеткенде кайда барам, мени кызым менен кучагын жайып тозуп алчу ким бар, кантип жан сактайм, же иштеген ишим болбосо кантем", - деп толгон санаалар менен таңды аттырып ийет. Бирок эртеси кызынын тыпылдап басып, балдыр тили чыгып балапандай чулдурап ойногону аз да болсо баарын эсинен чыгарып коет, кирип чыгып карылардын кир когун жууп, тамак ашын бапестеп берип, кайненесинин үнү чыга электе ыргып туруп айтканын орундатат. Жаман сөзүн укпасам экен деп заарканып турчу болду, Мария өтө зирек кыз болуп өсүп келе жатты, тепилдеп тили такталып, апалап Алимандын көзүн карап турат. Алиман кызына өзүнүн колунан келген түймөнү түйүп, көпөлөктөй кылып багып жатты, аттиң жаш жүрөктүн эңсегени ушул беле, Догдурбек университетте окуп жүрүп экөө троллейбустан жолугуп калышкан. Эл көп, бири-бирине жакын туруп калышкан экен, жүзү албыра уялганынан жылайын десе орун жок ыңгайсызданып эки жагын каранып тим болот.

- Чоң кыз, кайда барасыз? - деди Догдурбек.

- Үйгө, - деп жер карады.

- Кайда жашайсыз, узатып коеюн, - деп шыбырады жигит.

- Жо-ок, өзүм эле...

- Атаң урушабы же апаңбы?

- Жо-ок.

- Анда эмнеге? - дегенче Алиман түшө турган аялдамага жете келип троллейбус токтоп калды.

- Мен түшөм, жылып коюңузчу.

- Мен дагы, - деген Догдурбек анын алдында түштү, уяңкыраган кыз жатаканада жашаганын билгизгиси келбей кабат үйлөрдү көздөй басты, - Сулуу экенсиз.

- Сиз сулуу кыз көрбөгөнсүзбү?

- Көргөнмүн, бирок сендей кызды биринчи көрүп турам.

- Мен кандай экенмин? - Кыз жылмая карады.

- Сулуунун көркү калында дегендей сиздин мына бул калыңыз мени өзүнө тартты, - Догдурбек күлө карап алдын тозо арты менен басып бара жатты, - Атыңызды айтып коесузбу?

- Айтайын, атам Алиман.

- Менин атым Догдурбек.

- Жакшы, эми кете берсем болобу?

- Алиман апаңа окшошсуңбу де атаңабы?

- Экөөнө тең, - деген кыз мостое түштү: "Эч кимисин көрбөсөм эмне деп айтам, ушундан көрө неге жаралбай койбодум", - деп телмире туруп калды.

- Алиман чынын айтсам сүйүп калдым, чын айтам Алиман, мен сени алып кетем! - деп колдон алды, Догдурбек күйгөн оттой өрт жигит эле, айтканынан кайтпаган жигит кыздын колун кое бербей жол ортосунан тизелеп отура калып кыз көзүнө тигилди, - Жигиттик сөзүм, аскерге чакырып жатат, аз күндө чечилет, кемпир чалдын жалгыз баласымын, балким калып калаармын, мага ишен Алиман, - деп колун өөп жиберди.

- Уят эмеспи, мен сизди азыр гана көрүп турам го? - Алиман колун тартып алды, - Туруңуз, кетишим керек.

- Алиман сен үчүн керек болсо өрттү кечем, деңизге түшөм, түбөлүк жарым болууга макул болмоюнча кетпейм?

- Кызыксыз го...

- Алиман, ата-энемдин жалгыз келини да, кызы да болосуң, бул менин жигиттик сөзүм, - Догдурбек турбады.

- Ойлоноюн, эми эле жолуктук го, убакыт бериңизчи.

- Болуптур, - Догдурбек өйдө болду, анан кызды эки карысынан кармай көздөрүнө тигилди, - Эртең ушул жерге келем, жолугушуп туралы, бир жума убакыт берем, - деди да шарт артына бурулду, Алиман эмне дээрин билбей туруп калды, Догдурбек артына бир карап койбой келип токтогон троллейбуска түштү да кетип калды. Алиман көптө барып уйкудан ойгонгондой аялдаманы бир карап эмелеги жигиттин караанын издей башын жерге салып басып кете берди: "Мендей томолой жетимдин кимге кереги бар, угаары менен артын карабай кетээр, деги кызык жигит экен, мындай жигитке туш кылса багым жылдыздай жанбайт беле, бирок андай болбой го, жетимдигимди ата тегимди билбеген деддомист экенимди билсе карабайт, кантейин тагдырым менен күрөшүп көрөйүн, багыма эмнени жазса да сынып көрөмүн", - деп ойлонуп бара жатты. Жатаканага келип жатып алды, бирге жашагандардын аны менен иши да жок эле, ар кимиси ар кайсы ишканада иштеп келип чарчап жатып калышат. Алиман дагы текстил фабрикасында иштеп келип чарчап жатып калышат. Алиман дагы текстил фабрикасында иштейт. Ойлонуп түнү уйкусу качты, эртең менен араң эле жумушуна кетти. Жумуштан кечке маал келе жатып троллейбуста уктап калып бир аялдама кийин түшүп келе жатса алдынан Догдурбек чыкты, ал кыз менен илгертеден бери тааныштай учурашты.

- Кандай Алиман, жакшы уктадыңбы?

- Ооба, өзүңүз кандайсыз?

- Эң сонун, Алиман мен бир башкача дүйнөгө туш келгендеймин, сени көргөндөн кийин жерде эмес булут арасында учуп жүргөндөймүн, мындай бакытка мурда эч кабылып көрбөпмүн.

- Өтө ашырып ийдиңиз, айланага карасаңыз толтура кыздар, - деди Алиман дагы эле анын сөзүнүн төркүнүнө ишенбей.

- Мен сени көргөндө эле меники болооруңду билдим.

- Ишенбейм, - деп кыз басып жөнөдү, ошентип Догдурбек анын жатаканада тураарын билди, күндө келген сайын гүл көтөрүп келет, жанындагы кыз-келиндер дагы билип калды. Бара-бара кыз дагы аны жактырып калды, экөө бири-биринен ажырагыс болуп калышты, ошол арада сүйүшкөн эки жаш бир түнү сүйлөшүп отурушканда Алиман томолой жетим экенин, жадагалса ата-энесин билбей турганын айтты, Догдурбек анысына кайыл болду, кышкы сессия бүткөндө алып кетмек болду, октябрь айынын орто чени болчу, экөө бири-бирин ыктап отуруп заматта сезимге берилип кеткенин өздөрү дагы сезбей калышты, Догдурбектин кичинекей батиринде экөө эзилишип жатты. Андан кийин дагы далай жолу бирге болушту. Бир күнү эле Догдурбек шашылыш аскерге кетип жатканын айтып жолукту, Алиман ыйлап кала берди, жалынып-жалбарып сөзсүз келип алып кетээрин айтып коштошту. Кеткенден кийин тез-тез кат жазып турду, жаңы жыл алдында Алиман өзүнүн кош бойлуу экенин жазып ыйлап отурду, көп узабай эле андан ата-энесине, Алиманга бирдей жазган каты келди...

- Алиман кайда жүрөсүң? - деген кайненеси Гүлүйпанын үнүн укканда ыргып турду, катуу ойлонуп кеткен экен, - Кайда жүрөсүң ыя?

- Апа, эмне болду?

- Үнүң өч! - Гүлүйпа заарын чача карады.

- Апа, балаңыздын арбагы үчүн мени кызыңдай көрүп койчу, ата-энем жок бир бечарамын апа, Мария үчүн сизге өмүр бою күң болоюн, - деп Алиман ыйлап ийди.

Гүлүйпанын жүрөгү ооруп кетти, кантсе дагы аялдын жүрөгү назик эмеспи, энелик мээримдүүлүгү жеңип кетти окшойт, ойлонуп калды, өзүнүн ага катаалдык кылганына кейидиби айтор саал токтоло калды да акырын сыр билгизбей үйгө кирип кетти. Султан көпкө чейин төшөктө жатып анан кайратына келип тиричилигин өткөрүүгө киришкен. Аз болсо дагы уулунун данеги, көчөт кыздын өсүп келе жатканынан тобо кылып купуя кубат кылып алат. Ал азыр Гүлүйпанын келинине заардуу тилин агытканын угуп анын артынан кирди, ал отуруп алып ыйлап жаткан эле, көрүп зээни кейип кайра чыгып кетти. Аттиң десеңчи кырктан ашканда көргөн кубанычы, жалгыз үмүтү, жалгыз караан туткан уулунан айрылууну ата-эненин башына эч салбасынчы, тегеренип тамдын артына отура калып ал дагы үн чыгарбай солкулдап жатты. Кечки тамагын даярдап бүтүп алып келди.

- Балам, - деди Султан каңырыгы түтөй үнү каргылдана, - Тагдыр экен, чырактай балабыздан айрылдык, аман соо келип бактылуу болгондо гана аттиң!

- Айла жок экен да-а, - Гүлүйпа дагы муңкана токтоду.

- Кемпир, алланын жазганына көндүк, аргабыз да жок, эми Мария үчкө чыгып калды, кызды алып калып Алиманга азаттык берели...

- Ата, айланайын ата, мен атанын да эненин да жүзүн көрбөдүм ата-эне кандай болоорун дагы билбейм, мени кубалабагыла, кызды силерден бөлбөйм, мени дагы кызымдан ажыратпаңыздар, отуңар менен кирип, күлүңөр менен чыгайын, аягыңарга жыгылайын, мени кет дебеңиздер! - деп Алиман жашы жүзүн жууй какшап жиберди, үй ичине тынчтык өкүм сүрүп эч кимиси үн катпай отура берди, Алиман алардан жооп күтүп жашын төгүп жатат, азаптуу дүйнө ай, ушул учурда кимдин дити барат үн катууга, Гүлүйпа өзүнүн келинине катаалдык кылганына өкүнүп аны өз кызындай көрүүгө өзүн даярдап калган, Султан болсо кемпири менен келининин суук көрүнбөй арасы жакын болушу үчүн ушундай чечкен, акыры кызына келип турат деп ойлогон. Алимандын сөздөрү сөөгүнөн өтүп чучугуна жетти. Эмне деп жооп бере алышат. Тынчтыкты Мария бузду:

- Ата, ата мен апамды жакшы көйөм ээ?

- Ээ садагаң, көлөкөм десе жакшы көрбөй анан, - Гүлүйпа небересин өөп башынан сылап кучагына кысты, - Көлөкөм, өлгөндөн калган белегим, кыз дагы болсоң атаң экөөбүзгө бел болдуң, сени көрүп гана аза-кайгыбызды унутууга аргасызбыз садагаң...

- Апа, силей эмнеге ыйлап жатасыңай апа?

- Жөн эле кызым, эркетайым...

- Алиман апам дагы ыйладыбы?

- Ооба, апаң дагы ыйлады, сенин чоңоюп калганыңа кубанып жатабыз каралды.

- А эмнеге, чоңойсо дагы ыйлайбы?

- Анан эмей, чоңойгонуңа кубангандан ыйладык.

- Атамчы, эйкектей ыйлашпайбы?

- Ал чоң киши да.

- Мари, улуу кишилерге андай сүйлөгөн болбойт кызым, - Алиман кызын акырын тыйды, - Тамагыңды ич да уктай гой.

- Маку-ул, - Быйтыйган колдору менен кашыкты кармап тамакты иче баштады, анан чоң энесине карады, - Апа, мага жомок айтып бейчи.

- - Айтып берем садага.

- Уй-йе, апам жомок айтып бейет, мен тойдум апа, жүйү жаталы-ычы, - Колунан тартып кирди, - Болчу эйте, уйкум келип жатат.

- Садага болоюнум ай, бу куураган белим ооруп жатпайбы, - Гүлүйпа жер таяна туруп Мариянын жетегинде үйгө кирди, ошентип Алиманга эч ким жооп бербеди, ал идиш аягын жууп тазалап анан кеч жатты, ойлор аны курчап алып тынчтык бербейт, бу өмүрдө жазыксыз азап чеккенден өткөн кыйын нерсе болбосо керек, түн терметкен уйкусуздук анын толгон суроолоруна жооп тапмак кайда, суроонун артынан суроо жаап неге мындай тагдырга туш болгонуна түшүнбөйт, кыялында ата-энесин элестетип алат, төрөгөн энесинин өлгөнүн билет, бирок: "Атам ким, эмнеге мени балдар үйүнө таштады, балким ал дагы өлүп калгандыр, болбосо бир жолу издеп келмек", - деп кичинекей кезинде келип жүргөн келинди элес-булас эстеди: "Ал мен чоңойгондон кийин неге келбей калды, ал менин ата-энем жөнүндө билет болушу керек, аны кайдан табам, же балдар үйүнө барып тарбиячымдан сурасамбы, неге мурда оюма келбеди экен", - деп ойлонуп жүрөгүнө кубаныч уялады, эми эле ата-энесин таап ала тургансып калды, ою жакшы болуп көңүлү ачыла түшкөнгө уйкуга мемирей баш урду. Эртеси чай ичип отурганда:

- Апа, ата сиздерге туура келсе мен шаарга барып тарбиячыма жолугуп келсем болобу? - деди тартына жер карап.

- Тарбиячың кайда балам? - Султан суроолуу тигилди.

- Балдар үйүндө, менин ата-энем же туугандарым жөнүндө ошолор гана билиши мүмкүн, - деди күнөөлүүдөй.

- Барсаң барып кел айланайын, сени кармап отурганга акыбыз жок, - деди Гүлүйпа мээримдүү жылмайып. Алиман ошол эле күнү шаарга жетип өзү тарбиялаган Нина Василевага жолукту. Ага өзүнүн башынан өткөнүн айтып ыйлап сооронгондон кийин.

- Мама Нина, мага төрөлгөн кездеги делону көрсөтөсүзбү? - деди.

- Неге сурадың?

- Билесизби, менин беш-алты жаш кезимде бирөө келип кетчү эле.

- Да-да билем, аа-а баса ал сага чоңойгондо бер деп кат таштаган эле, өзүң билесиң иш чачтан көп, унутуп калыпмын, мен азыр, - деген Нина Василева кабинеттен чыгып бир топко жоголду, көптөн кийин күлүп сүйлөнүп кирди, - Таптым кызым, баары мында, - деп делону алып келип алдына койду, Алиман шашыла делону ачып Болотбекова Айтурган. 1965-жыл. 15-декабрда төрөлгөн дегенди окуп, жүрөгү лакылдап чыкты, андан соң төрт бүктөм катты ачып окуп кирди: "Алиман, мен сенин атыңды Алиман деп койдум, сенин апаң Айтурган менин бир тууган жээним болчу, төрөгөндөн кийин бул дүйнө менен коштошту, сен жөнүндө эч ким билбегендиктен алып кете албадык, апаң турмушка чыккан эмес эле, мен сенин таежең боломун, атым Саадакан, атамдын аты Тагай, Тагай менен сенин таенең бир тууган болчу. Өз таятаңдын аты Болотбек, кийинки аялынан эки кыз менен бир эркек бала бар. Алардын аты Батма-Зуура, Сагынбек. Эгерде издегиң келсе табасың садага, мени кечир, сени алып кете албадым, менин дагы үй-бүлөөм, балдарым бар эле. Сенин таежең Саадакан. 1989-жыл", - дегенди окуп аябай кубанып Нина Василевнаны бекем кучактап өөп-өөп алды.

- Шайтан кыз десе, эмне болду сага?

- Эми менин бараар жерим бар, сөзсүз табам, - деди да делону алган бойдон шашыла коштошуп чыгып кетти, аны терезеден карап турган Нина Василевна: "Неге бул жерден кетип жатканда бербедим экен, бечара кыз ай, кубанганын карачы", - деп узап кеткенче карап тура берди. Дарегинен өйдө жазылган катты кайра-кайра окуп автобуска түшүп издеп бара жатты...

Короосу кенен заңгыраган үйдүн тушуна келип көрсөтүлгөн даректеги үй экенин билип апкаарый босогосуна келди, дарбазасын какмак болуп колун көтөрүп барып кайра туруп калат: "Кандай кабыл алат болду экен, балким эсинен чыгып кеткендирмин, эмнеге келдиң десечи", - деп ойлуу колу эшикке тиер-тийбес болуп турган Алиманды:

- Ай кыз, сен кимсиң? - деген үн селт эттирди, - Ким керек эле? - дегенде Алиман артына бурулду.

- Бул үйдө Саадакан деген жашайбы? - деди үнү дирилдей.

- Эмне-е? - Саадакан көздөрүн бакырайта оозун колу менен баса саамга турду, - Сен, се-ен Алимансыңбы? - деди.

- Ооба, а сиз кимсиз?

- Айланайын десе, келдиңби акыры, мен кабар ала албадым, - Саадакан кучактап ыйлап турду, - Жүрү үйгө кирели, - деп эшикти ачып кирип келгенде эшиктин алдында элүүлөрдөгү ак чач адам аларды таңгала карап калды, - Закир, карачы ким келди, Айтургандын кызы Алиман келди, кандай сулуу кыз болуптур Закир?

- Оо кел-кел кызым, кош келдиң садага, - деп Закир дагы кубанып калгандай жаркылдай тозуп алды, Алимандын кубанычында чек жок эле, алардын мындай мамилесине жетине албай турду, бирок саат өтпөй көңүлү чөгүп таштай катып, муздай тоңуп бул дүйнөдө өзүнө көз ирмемчелик бакытты гана жазганына кейип босогодон кандай чыкканын сезбей калаарын азыр ойлогон жок. Жетимчиликтин тузагынан чыгып өзүнө күйөр адамы бар экенине кубанычы чексиз. Саадакан аны башына суу айлантып чачып ичкери киргизди.

- Апаң абдан жаш өлдү садага, жээн экен дебей жакшы көрчүбүз, атамдын жалгыз карындашынын кызы болчу, ал дагы жашында өлүп калган, кийинки аялы начар болуп таятаң ага эптеп Айтурганды батырып жүрдү, көбүнчө биз менен өстү, - Саадакан сүйлөп жатып тамак-ашын алып келди, үй ичи Алимандын баамында орто жашагандай көрүндү. Сыртынан заңгырап жакшы салынган бул үйдүн ичи жупуну эле.

- Эже, апамдын сүрөтү барбы? - деди Алиман, анын бар тилеги өзүн жарыкка алып келген аялдын элесин, бейнесин көргүсү келээр эле.

- Бар, азыр мен сага сөзсүз көрсөтөм, чай ич садага.

- Алиман, таежең сени көп эстечү, апаңа абдан окшош болупсуң, адеп көргөндө Айтурган тирилип келгендей эсим ооп кала жаздады.

- Чын эле апама окшош бекенмин? - Алиман кубанычтуу күлүмсүрөй сурады.

- Союп каптагандай окшошсуң, - деп Саадакан аны ээрчитип төркү бөлмөгө алып кирди, анан жүк жыйылып турган сандыгынын кулпусун ачып андан альбом алып чыкты, - Мына, анын сүрөттөрү ушунда, - деп алып келип колуна бергенде Алиман шашыла алып барактап бара жатканда:

- Бул апаңдын кичинекейиндегиси, - деди Саадакан, бойтойгон толук кыз, беш-алты жашта болсо керек, - А бул таенең, менин эжем болгон.

- Апам апасына окшош тура ээ?

- Ийи, сен дагы апаңа окшошсуң, - андан ары улам чоңойгонун көрсөтүп студент кездегисине келгенде Алиман көздөрүнө жаш алып колу менен сүрөттү сыйпалай: "Апаке, эмнеге эрте өлүп калдың, мени кимден, кайдан төрөгөнүңдү айтып кетпейт белең, атам ким менин, мени өз колуң менен өстүрүп энелик мээримиңе бөлөп жанымда болсоң болбойт беле", - деп ыйлап отурганда Саадакан акырын чыгып кетти. Алиман улам барактап чачын алдына таштаган узун бойлуу, өзүнүкүндөй калы бар, көздөрү бакырайган сулуу кызды карап отурганда аркы бөлмөдөн Закирдин үнүн чыкты:

- Эми эмне кыласың, муну дагы багасыңбы? - деди ал.

- Акырын эми, мага бактырмак беле, чоңойгон неме өзүнө-өзү багат.

- Мунусу дагы тууп кетпесин, ушундайда эптеп батир таап кетир!

- Эмне болуп жатасың, бармактай кыз экен, эми эле келди го, зыяны жок бир байкушту келе электе эле эмнеге кодулап жатасың? - Саадакан күйөөсүн эптеп тыймак болду, - Бир-эки күн турса ойлонобуз, ашып ташкан бүлөөбүз деле жок го, сенин кыялыңдын айынан келиндер үйгө токтобой балдарын да жибербей кокоюп экөөбүз отурабыз го?

- Мен балдарымды эмес жээниңди айтып жатам, ал сага эмем атаңа жээн!

- Атам өлбөгөндө муну көзүнүн карегиндей кылып бакмак, ага айтпай койдук, - Саадакан үшкүрүп алды, Алиман бул сөздөрдү угуп эмелеги кубанычы суу сепкендей жалп этип өчтү, дароо эле эки-үч сүрөттү алды да блокнотун алып: "Таеже мен сизге ыраазымын, апамдын сүрөттөрүн алганымды кечириңиз, кош болуңуз", - деп жаза салып альбомдун үстүнө коюп койду да үйдөн чыгып кетти. Ал күнү Алиман кайра балдар үйүнө барып түнөдү да эртеси айылына кетти, Султан менен Гүлүйпа Алимандан үмүтүн үзүп коюшкан.

- Кыз болсо да туяк алып калып үмүтүбүздү жандырган ошол келинге суук тилиңди тийгиздиң, бечаранын көңүлү калды да, - деп Султан кейип отурду.

- Балам бул келбесе аман болот беле деген бир ой мени дагы мыжып жатат чал, эгерде ак жоолукту ак никелүү болуп салынып, аруу бойдон аттаса мындай болбос беле дейм да.

- Ойго эмнелер гана келбейт, чычкандай кыз биз өлүп калсак кантет, бул дагы эч кимим жок деп жүрөгү ооруса кантесиң, апасы жанында болсо жакшы эмес беле, менин туугандарым же сенин төркүндөрүң карайбы ыя?

- Кудай сактасын, ушунубуз бой жеткенче өлбөстүрбүз, - Гүлүйпа арсар үн катып оор дем ала унчукпай калды, экөө үн катышпай көпкө отурду.

- Апа, Алиман апам каякка кетти? - деп Мария жүгүрүп келип Гүлүйпага жармашты, - Ал качан келет?

- Келет кызым, келет.

- Эмнеге келбей калды кечээ?

- Иши бүтпөсө кере кызым.

- Апа, мен Алиман апамды сагынып кеттим.

- Ыя? - Гүлүйпа небересин жалт карады: "Карангү-үн, эки күн болбой, минтип отурса эмне болот кокуй, кокус ушул бойдон келбей койсочу", - деп чочулап алды.

- Айла-анайын көпөлөгүм десе, апаң келет каралдым, кел мен сага ат болоюн, минип ойночу, - деп Султан төрт аяктап тура калды, - Кана кызым чү-чү дечи, - деп небересин жонуна мингизди.

- Ата-а, сен ат болосуңбу?

- Ооба кызым, сен үчүн ат да боломун.

- Чү-чү! - деп Мария кубана чоң атасын теминип колу менен чапкылап, ал анын ою менен үй ичинде ары-бери тегеренип жатканда Алиман кирип келди.

- Мари, атаңды кыйнаба да кызым.

- Апа-а! - деп көпөлөктөй делбирей барып апасын кучактап калган наристе кызды кемпир-чал умсуна карап калышты: "Аттиң, өз энесине тартат тура, мейли аман болсун", - деген ойдо экөө тең үнсүз телмирип турган.

- Ата, апа сиздерди кыйнаган жокпу Мари?

- Ушундан кыйналмак белек балам, бизге бир эрмек да.

- Өзүңдүн барган ишиң орундалдыбы?

- Ооба, - Алиман суз жооп кылды, - Апамдын сүрөтүн алып келдим, сиңдилери иниси бар экен...

- Жакшы болгон тура, мурда издесең тапмак экенсиң да.

- Ооба, оюма келбептир да, жетим экенмин деген ой көкүрөгүмө уюп алып эч кимим жок деп эле жүргөнмүн.

- Даректерин алдыңбы?

- Жазылуу экен.

- Ырас болуптур балам, - Султан келини үчүн чындап эле кубанды, анын оюнда Гүлүйпа кодулай берип кетүүгө аргасыз болуп калса кайда барат бечара деп көп ойлоноор эле, эми эмнеси болсо дагы бараар жери бар деп кубанганы эле.

- Кай жерлик экен? - деди Гүлүйпа.

- Кеминдик болот экен.

- Биерде эле тура, бир күнү сени алып барып келейин, - деди Гүлүйпа.

- Макул, - деген Алиман кечээ күнкү уккандары кулагынан кетпей: "Мен кайненем менен барсам алар жакшы көрөбү, апалары бөлөк болсо апамды эстейт дейсиңби, андан көрө балапанымды кучагына алып алгач өөп этегимди ачкан Докендин эшигинде жүрө бергеним жакшы", - деген ойдо термелди. Султан сыртка чыгып кетти, Гүлүйпа энеси менен ээрчишип кайда барса бучкактап жылдырбай бедиреген небересин көрүп: "Арман күн аа-ай, ушу кызынын чулдурап сүйлөп, текилдеп жүгүрүп аталаган үнүн укпай гана жер жазданып жаштайында куурабадыбы, тилеп алган баламдын сары тиштүү чал болгонун тиледим эле, топурак буйрубай өзү бизди мүңкүртүп кетпедиби, арга канча, кудаанын буйругунан күчтүү нерсе жок экен да, эми Алиман кетип калса сагынып куса болот го, Султан экөөбүз карайлап жалгыз тамда калабызбы, ооруп калсак оозубузга суу тамчылатаар эч ким жок өлүп тынабызбы, өлүмдөн улук эчтеке жок экен да, болбосо Султан экөөбүздү алып жалгызыбызды аман койсо болот эле го", - деп ойлонуп отура берди. Алиман өз иши менен алектенип үй жыйып, идиш-аягын жууп, казанга суу ысытып кир жууп кирди, кайненесинин жаман сөзүн уккусу келбейт. Жаман-жакшы айтышпай сый болгусу келет, бир аз тынч отура калса Догдурбектин жаркылдаган элеси көз алдына тартылат: "Сен менин көз алдымда ошол жапжаш бойдон калдың, билинбей төрт жыл өтүп кетти, кызың ата деген сөздү айтууга үлгүрбөдү, көөп кылым өтүп кеткендей... мен өзүмдү жүз жылдан ашык жашап койгон карыдай сезем, Мария төрткө карады, али ак-караны сезе элек, өз атасы жашында жайраганын да биле элек", - деп ойлуу жаагын таянып отурган.

- Ээ Алиман кайда кеттиң? - деген кайненесинин үнүнөн ыргып турду.

- Оов апа, мен мындамын.

- Тентек кыз кайда кетти балам?

- Апа, ал уктап калды.

- Тентегим, каралдым десе, эрте турду эле, - деп ары басып кетти, Алиман аны артынан карап туруп боору ооруду, бирок жубатаар аргасы жок эле. Өзү дагы аргасыз көнүп отурганын кантип тана алат, кары кишилердин кайгысы, арманы чексиз эле. Гүлүйпанын төркүндөрүнөн бир эле мындайраак иниси калган, ал дагы оорукчан болчу, анын жети баласы бар, ортончу баласы Шабдан эки аял алып кое берген, балалуу болгон эмес, ошол күнү аялы болуп Шабданды ээрчитип келип калды. Керээз абдан жакшы турчу, малдуу-алдуу, бак-шактуу заңгыраган үйү бар, уул-кыздарынын баары үй-жай күтүп калган.

- Оо эже күлүү-күчтүү турасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, жакшы элебиз, келгиле...

- Докендин жылдыгында да келе албай калдык, куран окутуп коелу деп келдик, - деп союп келген коюнун этин дасторконго коюп, таттуу-боорсокторун жайып өзү куран окуду, Алиман чай куюп отурат. Шабдан аны көзүн албай эле карай берди.

Султан кайнисине ыраазы болуп:

- Өзүң жакшы болуп калдыңбы? - деди.

- Шүгүр, жакшы элемин, кудай деп балдардын жакшылыгын көрсөк деп турабыз.

- Анан эмей, балдардын чайын буйруса...

- Өзүң жалгызсың айланайын, кудай өмүр берсин, - деп Гүлүйпа чалынын ички муңаюсун билгизбей сөз кошту, - Батма дагы кудай бере турган келин, эми өзүңөргө кудай ырыскысын аябасын айланайын.

- Айтканыңар келсин эже, - деди Батма, ошол учурда Алиман сыртка чыгып кетти, - Эже, келиндин кетээр ою жокпу?

- Жо-ок, кызын таштай албайт, кызын алып кетсе бизди аяйт, чыдабайт окшойт байкуш, атасы азаттык берсе дагы кетпеди, - деди Гүлүйпа.

- Эшигибизди аттап келин болуп келди, кыз да болсо туяк таап берди, эми Алиман келинибиз эмес кызыбыз, - деди Султан.

- Ооба-ооба, ошондой эле болду да, - деп Батма шыпшына отуруп калды, андан кийин баары үндөбөй калышты, эмне жумуш менен келгендерин айтууга ооздору барбай конок болуп анан кетишти, Шабдан Алиманды жактырып калды, ичинен ага кантип жолугаарын билбей кыжаалат болуп турду.

- Ата келини кетет бекен? - деди үйүнө барганда.

- Эч кимиси жок экен бечаранын, балдар үйүндө өскөн тура, - деди Батма.

- Анан кетпейт бекен?

- Каякка барат, кызы турса кантет, кемпир-чалды ыйлатып кызын алып да кете албайт, таштай да албайт балам, - деди Керээз.

- Кызык, өмүр бою кемпир-чалды багып жүрө береби?

- Ага эмне кызыктың балам? - Батма уулун эми көрүп тургандай карады.

- Жөн эле, - Шабдан апасынан көзүн ала качты, - Жапжаш бойдон өмүрү өтүп кетет го...

- Көздүү мончок жерде калбайт дейт, эми эле бирөөнү табат да кечиргиле деп коюп кете берет, - Керээз баласын эмне дээр экен деп карады, анткени анын келинди көзүн албай карап жатканын сезип калган.

- Койчу, кетип калабы?

- Эмне кылат анан, байланаары болбосо кетет да.

- Ата...

- Ийи...

- Сиз Гүлүйпа эжеме сүйлөшпөйсүзбү.

- Эмнени?

- Келиниңе куда түшөйүн деп, - Шабдан күлүп карады.

- Ашык болуп калдыңбы? - Керээз уулун жылмая карап аялына бурулду, - Бу балаң эмне дейт апасы?

- Уктук да, ойлонуп көр.

- Сага келин жагабы?

- Экөөбүзгө эмне, балаңа жакса болбодубу.

- Оо апам туура айтат, мен жактырсам болду да, - Шабдан кубанып кетти, бирок анын дагы бир айыбы бар эле, ичкиликти бир оозуна алып алса кое албай түбүнө түшкүчөктү кубалап кетмей жайы бар, эки аялы тең мунун ичкиликти жакшы көргөнүнөн улам кеткен.

- Сен анын кадырына жете аласыңбы анан? - деди Керээз сынай карап.

- Эмне болуптур, өзү жакшы болсо мен деле жакшымын да ата.

- Эски адатыңды карматпайсыңбы деп жатам, - Керээз бул жолу орой айтты баласына, - сен эски адатыңды кой!

- Ата, экинчи ичпейм деп жатам го...

- Болду эми, - Батма ата-баланын ортосуна түштү, - Эсине келгендир, отузга чыккыча үй-бүлөө күтө албай биз менен эмдигиче балдары окуп калат эле го, элге кеп-сөз кылбай эми жакшы жашоону түшүнсөң боло балам.

- Ооба, ачкыл суу ичпейм эми, Алиманды алып берсеңер айтканыңардай болом, андан көрө тезирээк сүйлөшкүлө, - деп Шабдан кымыңдай карады ата-энесин, - Сүйлөштүкпү ата?

- Бүгүн барып эле эртең келиниңди бизге бер деш оңойбу, жарааттары айыга элек байкуштарды эки өлтүрбөйлүбү.

- Андан көрө жер алыс эмес, өзүң барып сүйлөш келин менен, - Батма жүйөөлүү сөзүн айтты, - Келиндин кыял-жоругун бил, туура келеби жокпу...

- Кемпир-чалды төрт жылдан бери кыймылдабай багып келе жатат, эси жок келин болсо баласын таштап басып кетпейт беле, алды-артын ойлогонунан отурат да, - Керээз аялына бурулду, - Мындай жаш кезде ким алды-артын ойлоптур, аңды-дөңдү карабай жүргөндөр толуп жатпайбы.

- Аның туура, эси бар келин экен, төрт эмес беш жылдай болду, кызы үч жарым жаш, келгенине төрт жылдан ашыптыр бечара.

- Андан көрө ай мончоктой неменин көз жашын агызбай турган болсо жакшы, өзү дагы кемчил жан экен, жездемдин айтканын уктуң го, эми келиним эмес кызым деди го.

- Ооба-ооба, - Батма башын ийкегиледи, Шабдан ойлонуп калды, ал эптеп эле Алиманга жолугуп сүйлөшүп оюн билмек болуп даярданып жатты.

Бул учурда Айча бир аз жакшы болуп калганда Нурдинге, балдарына айтып Алиманды өздөрүнүн колуна алууга жөнөштү, бир кой союп, таттуу-тарапаны мол алып алышты да машинасы менен улуу баласын алып келип калышты. Адегенде Султан күйөө баласына ыраазы болуп отурду, Актанды чакырышты, анан Догдурбектин арбагына багыштап куран окушту, ар кайсыны сүйлөп көпкө отурушкан соң сөздү Айча баштады.

- Аке, биз бүгүн бир иш менен келдик, - деп Нурдинге карады, - Күйөө балаңар үйлөнө электе бир кызды катуу жактырып калат... - дегенде эки агасы, Гүлүйпа менен Алиман таңгала: "Мунун эмне кереги бар эле", - деген гана бир ойду ойлонуп туруп калышты, - Ал Айтурган деген кыз экен, - дегенде Алиман аны жалт карады, - Ал өтө жаш кыз экен, Нурдинге таарынып кетип калып ошол бойдон эч көрүнбөй кыз төрөп анан өлүп калыптыр...

- Бул эмне деген сөз, муну менен эмне демексиң Айча? - деди Актан агасы.

- Ошол энеси өлгөндө жетимканада калган кыз Алиман, - дегенде Алиман сыртка чыгып кетти, ал азыр кубанаарын же күйүнөөрүн билбей жүрөгү түрсүлдөп дубалга сүйөнө көзүн жумуп алып жашы төмөн карай кулап жатты.

- Алиман, кайда кеттиң балам? - деп Гүлүйпа чыкты.

- Апа, мен мындамын, - Алиман жашын аарчый карады.

- Ботом, үйгө кирсеңчи, биз кубанып отурсак сенин ыйлап жатканың кандай? - Келип бооруна кысып жашын аарчыды.

- Апа, адам болуп жаралганы апа деген сөздү сизге айттым, ата-апа деген сөз мага өтө жат болчу, Докендин мага деген сүйүүсү мени силерге өтө жакындатты, анын апасы менин апам, атасы менин атам дедим, эми менин атам пайда болдубу, мен буша көнө албайм апа, мени алардын үстүнө кир бедечи, - деп боздоп жатты, Гүлүйпа кошо ыйлап жатты, Айча чыгып экөөнү көрүп азга зээни кейий турду да:

- Жеңе, көп кайгыра бербегиле эми, Докен менин дагы бир боорум эмес беле, аны кандай жакшы көрөөрүмдү билесиң, айла жок экен, үйгө киргиле сүйлөшөлү, - деди оор басырыктуу.

- Ии-ий кирбей анан, - Гүлүйпа көз жашын жоолук учу менен сүртө Алиманга карады, - Жүрү балам, жүрө гой, - деп далысына таптап алдыга басты, Алиман үн дебей ичкери кайненесинин артынан кирип жүйүртө келип жер карай отуруп калды.

- Кел кызым, - деди Султан бул ирээт балам дебей, - Бул кубаныч айланайын, мындай болоорун биз дагы күтпөдүк эле, сары санаа болуп кемпир экөөбүздүн көзүбүз өтсө бармактай кызды бооруна басып жалгыз калабы деп ойлончу элек.

- Ооба, чал экөөбүз ичибизден эле сары санаа болуп жүргөнбүз, - Гүлүйпа Султандын сөзүн ырастады.

- Алиман, - деди Айча, мурун келиним элең, эми кудайдын парманы менен мага кыз болдуң, чындыктан качып кайда бармак элек, эми атаң менен көрүш садага! - дегенде Алиман козголбоду, башын дагы көтөрбөдү.

- Кечир Алиман, мен Айтургандын өлгөнүн уккандан кийин сени издебегеним үчүн, - Нурдин оор күрсүнө Алиманга карады, - Сенин балдар үйүндө калганыңды билем, бирок Айтурганды сен өлтүргөндөй жек көрүп туруп алдым, канчалык бир барып көргүм келсе дагы барууга кудуретим жетпеген...

- Эмичи, эми жакшы көрүп турасызбы же аяп турасызбы? - Алиман ушинткенде баары аны карап калышты, - Анда бир күнөөсүз ымыркай элем, эч нерсеге алып жетпеген, көз каранды болдум, аял-эркек көрсөм менин ата-энем келип калабы? - деп үмүттү караган бей күнөө жан болдум, эми болсо ар-караны ажырата алам, иштесем жан багам, менин бул жерден кетпегеним кызымды өзүмдөй кылып томсортпоюн дегеним, ден-соолугум таза, алты саным аман, жер жүзү кенен эмеспи, кайда болсо жашоо үчүн күрөшө алам, сиздин эми мага эмне керегиңиз бар?! - деди ый аралаш жылмая, анын ушул турушунда ыза-кек, арман жүрөгүнө орноп алгандай жүзү бир башкача кубула бозоруп барып отурган жеринде жыгылып калды.

- Ай бечара ай, - деп кейип алды Актан, - Багына Доки аман келгенде эмне? - Баары Алиман менен алек болуп калышты, эсине келбей сулк жаткан, унаага сала коюп шаарды көздөй жөнөштү, Султан менен Гүлүйпа небересин көтөрүп кала беришти. Ичтери көңдөй экөөнүн тең, акыркы үмүтүн бирөө тартып алгандай эңшерилип турушту. Мындай тынчтыкты Актан бузду.

- Кызык болду го, жакшы деген күйөө балабыздын кызы бар экен, Айча акылдуулук кылыптыр, өткөнгө өпкөлөгөндө эмне.

- Ооба десең, Айча өзү акылы терең жан да, башынан эле жети ойлонуп бир кескен адаты бар, Нурдин деле жакшы бечара, өткөндө Алиманды көрүп эле Мариге элүү сом берип анан кан басымы көтөрүлүп ээси ооп зорго алып кетишкен, көрсө ошондо эле билген экен да-а, - Гүлүйпа башын чайкады.

- Жарыктык жеңе, көрүп эле кантип билсин, эмне чекесине жазып койду дейсиңби? - Актан күлүп калды.

- Ой Алиман энесине куюп койгондой экен да.

- Ырас элеби, ким айтты аны?

- Жүргүлө үйгө кирели, сүрөтүн Алиман алып келген, - Гүлүйпа үйгө кирип Алимандын буюмдарынын арасынан сүрөттү алып жатып Догдурбек экөө түшкөн сүрөттү көрүп калды, колуна алып көзүнө жаш толо: "Каралдым ай, өзүң каалап сүйгөнүң менен кызык өмүрдү сүрө албай кеттиң кантейин эми аргам жок", - деп кайра чыкты. Үчөө карап отурушту, бирде чачын түйүп, бирде алдына таштаган узун чачы болбосо Алимандан айрымасы жок эле:

- Тооба, ушундай дагы окшоштук болот экен да, - Актан жакасын кармана таңгалганын жашыра албады, - Аябай окшош тура, анан Нурдин кантип билбесин.

- Ооба-а, бечара кыз жашоодон көңүлү калып өмүрдөн өткөн тура, кудай ага чын пейли менен артына үрөн калсын деп өзүнүн кейпин кызына берген тура, - Гүлүйпа шыпшына колундагы сүрөттү сунду, - Менин жалгызым дагы ошол сүйүү деген сүмүрөн калгырга кабылган тура, карачы уулумдун кандай бактылуу болуп түшкөнүн, - Көзүнүн жашын сыгып алды, Догдурбек Алиманды ийинден ала күлүп кулагына шыбырап бир нерсе айткандай кызды бир колу менен бекем көкүрөгүнөн кучактап алган, кыз дагы күлүп жаткан экен.

- Экөө бактылуу болмок экен...

- Бакытты уулума ыраа көрбөптүр го? - Гүлүйпа муңканып кетти, Догдурбекти эстеп, ал жөнүндө сөз болду дегиче бул үйдө ый, муңкануу үшкүрүк чыкчу болгон, аттиң десеңчи, баланын күйүтү миң жылдап бою унутулбас оов, ата-энени бала топуракка жашыраары менен түңүлөөрү, кез-кез эстеп койгону болбосо куран окуганды унуткандары канча. Султан менен Гүлүйпа жаңы нан жасаса да, тамак жасап чай ичсе дагы алакан жайып муңкана куран окуп турушат. Ар убак аны эстегенде тунжурай ойго чөмүлүп телмирип алдындагы ичип жаткан тамагын да унутуп калышат.

- А дейбиз, бу дейбиз алланын кылганына көндүк, - Султан кайраттуу кемпирин карады, - А дүйнөдө дагы арбактар кыйналбаса деп курандан башка айла жок, көп ыйласа алар сазга батып кыйналат тура.

- Каралдымдын ошол дүйнөсүн берсин, - Гүлүйпа үшкүрүнө отуруп калды, Актан үйүнө кетти, Гүлүйпа уктап калган Марияны карап жанында калды, Султан сыртта басып жүрдү... Нурдин менен Айча Алиманды ооруканага алып келишти, арыдан бери ак халатчандар жүгүрүп жардам берген соң бир топто барып эсине келди:

- Мен кайдамын? - деди ал көзүн ачып эле.

- Кудайга шүгүр, эсиңе келдиң ээ кызым, - Нурдин кубана эңкейип жүзүнөн өптү, - Садага кетейин кызым, аман жүрсөң болду, сен менин мөлтүр махабатымдын үрөнүсүң, - деп колунан кармап ыйлап отурду, Айча үйүнө кеткен эле, Алиман жүзүн буруп кетти.

- Мага бул жомогуңдун кереги жок!

- Кызым, Алиман мени түшүнүүгө аракет кылчы, апаң дагы өз билгенин кое бербей болоор-болбоско таарынып үйлөнөөрүбүзгө беш-алты күн калганда таптырбай кеткен, мен канча издедим, азаптандым, айла жок үйлөндүм кызым.

- Мен сизди атам деп кабыл ала албайм, мага азыр кызымдын тагдыры менен өзүмдүн келечегим маанилүү, мени көндүрөм деп убара болбоңуз! - деп ары карап жаткан бойдон айтканда Айча кирди, ал тамак аш алып келген эле:

- Кызым, абалың дуруспу айланайын? - деп Айча дагы келип бетинен өптү, Нурдин зыңгыраган бойдон палатанын ичинде аркы-терки басып жүрдү:

- Жакшы, - Алиман Айчага жылмая жооп берди.

- Тамак алып келдим, бир аз ичип алчы.

- Жүрөгүмө баспай турат, андан көрө кетишим керек, атамдар кыз менен кыйналып калышат го?

- Мен врач менен сүйлөшүп келейин, - Нурдин чыгып кетти, аздан кийин врач менен кирди.

- Оо сулуу кыз кандай акыбал? - врач керебеттин четине отурду.

- Жакшымын, кете берсем болобу?

- Жо-жо-жок кызым, сенин жүрөгүңдө бар экен, дарыланбасаң болбойт, өмүрүңдү коркунучка салууга болбойт.

- Менин эч жерим деле оорубайт, кетишим керек, - Алиман ордунан обдула турмак болду, - Мен таптаза элемин.

- Кызы-ым, жакшылап угуп ал, жүрөгүңдө бир аз шум бар, дарылап ушундайда сакайтпасак кийин оорлошуп кетсе кыйын болуп калат, ден-соолук адам үчүн башкы нерсе, - деп врач өйдө болду, - Бүгүн анализдериңди тапшырып эртең дагы көрөбүз, - деп чыгып кетти.

- Врач туура айтат кызым, сенин ден-соолугуң башкы маселе кызың үчүн жашашың керек, - Нурдин Алиманга карады, - Жүрөк оору менен ойноого болбойт садага.

- Биз үчүн эмес ошол көпөлөктөй кызың үчүн керексиң, - деди Айча дагы, Алиман үн дебеди, болгону ал кандайча ооруп калганына таңгалды, бала кезинде дагы ооруп калганда жүрөгү ооруй турганын айтканын эстеди: "Бул энесинен өткөн илдет, жакшылап дарылабаса болбойт", - дегенин уккан. Ал тургай төрөй албайт, төрөгөнгө мүмкүн эмес деген эле: "Мен төрөдүм го, кызым бар, неге врачтар калп айтышат, же Докендин өлөөрүн билген кудайым мага ырайым кылды бекен, атасы болбосо энеси маңдайында болсун деген го, кой өзүмдөн мурун Марини көрсөтөйүн, анын оорусу жокпу билейин, таенем дагы, апам дагы бир куракта он сегизинде өлүптүр, мен дагы он сегизимде төрөдүм, бирок өлгөн жокмун, демек өлүм бизден адашты, мен оору эмесмин", - деп өйдө болду. Нурдин менен Айча кетмек болду, кетээринде Алиманга акча таштап анан коштошуп чыгышты. Алимандын эмнени ойлогонун алар сезишпеди, врачтын айтканына көндү деп ойлошту, ал эми алар кетээри менен Алиман кийимин издеп убараланып сурап жатып таап алды. Кийинип алып аялдамага барды да айылды көздөй жөнөп кетти, эртеси келген Нурдин менен Айча аны таппай калышты. Врач ийин куушура тим болду. Кайра эле айылга жөнөштү, Алиман өз жумушу менен алек болуп жүрүп унаа келип токтогондо: "Булар мага тынчтык беришеби деги, кайра-кайра келип тажатты го", - деп ойлонуп экинчи келбес кылам деп чыга бергенде аларды Султан тозуп алып киргизип келе жатканын көрүп унчукпай калды.

- Алиман келдиби? - деди учурашкандан кийин Нурдин.

- Келди, жеткирип келбедиңер го, караңгыда келди бечара.

- Аке, ал ооруканадан качып кетиптир!

- Эмне дейт ботом, ооруканада жатты беле? - деп Гүлүйпа чыга калды.

- Ооба, жүрөгүндө дарт бар экен ушундайда дарылабаса күчөп кетет дейт.

- Карангү-үн, өз келечегине кайсарлык кылганы эмнеси? - Гүлүйпа корккондой аларга карады, баары отуруп калганда Алиман кирди.

- Алиман...

- Менин эч жерим оорубайт, таптазамын апа, врачтар дагы кээде жаңылышат, дарыланганга барбайм, - деп дасторкон жайып жатканда Керээз менен Батма, дагы бир иниси аялы менен Шабдан болуп келип калышты. Алар атайын Шабданга Алиманды алып бермекке кеңешкени келишкен эле. Үйгө чогуу кирип орун алып отургандан кийин Керээз кеп баштады.

- Жезде, биздин келген жөнүбүздү айтсак кабыл алаар бекенсиз?

- Не болду анчалык кайним, айта бер биерде чоочун эч ким жок, - деп Султан сакалын сылап жерди карады, - Кийинки кезде тез-тез келип катташа баштадыңар, тууган кишинин катышып турганы жакшы...

- Жезде, чынында бөтөн адам жок экен, айта турганын осол же ашыкча болсо дагы айтайын, - Керээз Султанга кайрылды, - Жезде, сиз Алиманды эми келиним эмес кызым болот деген элеңиз туурабы?

- Ооба, айтканым чын, азыр дагы айтам, Алиман менин кызым.

- Андай болсо кудайдын бир башка жазганы ушул экен, Догдурбек болгондо мындай болмок эмес эле...

- Керээз, эмне дегиң келет? - деди Гүлүйпа ормое карап.

- Эгерде макул көрсөңөр, Алиманды Шабданга алып берсекпи дедик эле, коюндан түшсө кончко дегендей жакшыны жатка чыгарбаган салтта бар эмеспи, - деди эле Султан онтоп алды, Гүлүйпа мостойгон бойдон отуруп калды: "Аттиң, акыры ушундай болмок, жаш немени кармап кала албайбыз, эгер кааласа өзү билсин, чечимди өзү чыгарсын", - деп кемпир-чалдын ойлору бир болуп турду, бул учурда Нурдин менен Айча бири-бирин карап Султандын чечимин күтмөккө ымдашып тим болду. Бир топко чейин эч кимиси үндөбөй отура беришти, Алиман сыртта тамакка кам көрүп жүргөн, кирип келип тым отурушканына таңгалды. Ар кимисине чай куюп сунду да кайра чыгып кетмек болгондо Султан:

- Алиман, отур кызым, - деди Алиман отургандарды жал-жал тиктеп кымырыла отуруп калды, - Алиман, мен сага былтыр бир айтканмын, башыңды азат кылдым деп, биз жооп бергенбиз туурабы?

- Ата, аны бүгүн неге айтып отурасыз?

- Сенин тагдырыңа байланыштуу отурабыз кызым.

- Кандайча ата, менин тагдырым ким үчүн керек, ким мен үчүн кабатыр болуп жатты экен ата? - деп Нурдин менен Айчага карады.

- Тагдыр сеники кызым, келечек да сеники демек өзүң чечесиң.

- Эмне болду ата? - Алиман элеңдей отургандарды тегерете карады, - Апа, деги эмне болуп жатат, айтыңыздарчы?!

- Алиман кызым, - Султан Керээздер жака кайрылды, - Бу кишилер сенин колуңду сурап келиптир, сенин эркиң кызым, өз каалооң, - деп колдорун ушалай жер карап калды, Алиман аларды бир карап алып эмне дээрин билбей дендароо болуп туруп калды, не деп айтат, өткөндө келгенде Шабдандын өзүнөн көзүн албай караганын байкаган, отуруп-отуруп анан:

- Мен азыр турмушка чыкпайм, атам мага эрк бергени чын болсо өз тагдырымды өзүм чечейин, мен бул үйдүн босогосун аттап эч жакка кетпейм! - деди да туруп сыртка чыгып кетти. Андан кийин ары кетишти, бери кетишти, акыры Керээздерге Султан:

- Керээз, азыр илгерки заман эмес, жаштар өздөрү каалап анан чечет, калганын өзүңөр билгиле, дагы бир айтаарым мындан ары Алимандын колун сурап же кудалашып кала турган болсоңор Нурдин менен Айчага кайрылгыла, мындан ары ал жетим кыз эмес, Нурдин анын атасы! - дегенде Батма болуп аларды карап калышты, - Ооба, Алимандын өз ата-энеси бар, эми ал жалгыз эмес, бир туугандары бар.

- Жакшы болгон тура, Алимандын бактысы чоң экен, - Батма шыпшынып алды.

- Ооба, мындай бакытты ар кимге эле буюра бербейт, - Гүлүйпа жылмайды.

Бир аз отурушкан соң кайра сөз уланбай Керээздер коштошо чыгып кетишти, андан кийин Нурдиндер кетти, үй ичинде молодой тынчтык, кемпир-чал небересине эле алаксышпаса күнү кечке бөлмөдөн чыкпай жата беришчү болду, Алиман кирип ойлонуп кызын ойнотуп, кайната-кайненесин камкордукка алып кечиктирбей тамагын, чайын берип, төшөгүн салып эртең менен жыйып жүрө берет, бир күнү сыртта жүрсө Шабдан келип калды.

- Кандайсыз жээ келин? - деп жылмая учурашты.

- Жакшы, келипсиз?

- Келип калдык, эжемдер күлүү-күчтүү жатышабы?

- Кудайга шүгүр, баары жайында.

- Алиман, бир аз сүйлөшсөк кандай болот?

- Сүйлөшчү сөз болбосочу?

- Балким бардыр?

- Баатыр экенсиз, баса көктөп эри өлгөн аялдын колун сурап, карылардын урматын түшүнбөгөн жан окшойсуз?

- Баары жүрөк иши Алиман, сени көргөнү уйкум качты...

- Менин сиз менен сүйлөшчү сөзүм жок, кайсы уятсыз келин кайнатасынын эшигинен жигит менен сүйлөшсүн, - Кетип бара жатып кайра бурулду, - Баягы күнү сиздер туура эмес кылдыңар, Догдурбек бир аланын буйругу менен өлсө, аны силер экинчи жолу өлтүрдүңөр, мүңкүрөгөн карылардын жүрөгүн ооруттуңар! - деди да кирип кетти. Шабдан турган жеринде катып көпкө турда да анан жолуна түштү. Алиман өзгөрбөдү, бир адам менен сүйлөшүп же көңүл бурбады. Билинбей жылдар өтүп бара жатты, Мария дал атасына окшоп ачык айрым, айтканынан кайтпаган өткөр кыз болуп бой жетти, Султандын көзү өтүп кеткен, Гүлүйпа карып кирип чыкканы болбосо алдан тайып бара жаткан эле, Алиман аларды өз кызындай карап бакты. Нурдин баш көз болуп каралашып турат, Марияны мектепти бүтөөрү менен эле окууга киргизип койду, Алиман кайненесин карап айылда, Айча өзү айткандай өгөйлүк кылбады, өзүнүн кызындай күттү, Мария өтө эрке, каалаганын жасайт, окууну жакшы окуйт, анча-мынча кыздарга кошула бербеген текебер, кыздарга тиешелүү назик дагы. Өзүнө сөз айткан жигиттерге эки ооз сөз айтып кайрылбас кылып коет, ал сөзү: "Мени ала турган жигит күч күйөө болушу керек, мен эч качан күйөөмдүн үйүнө жашабайм", - дегени. Көбү ошондуктан кайрылып ага келбейт дагы. Кимдин, кандай жигиттин эле аялынын төркүнүнө түбөлүк күч күйөө болгусу келсин. Мария муну атайын айтып өзүнүн убактысын бүт окууга бөлөт, бир күнү сабактан кеч келгенде Айча:

- Кайда жүрдүң кызым? - деп сураса.

- Сабактан кийин бир аз сейилдеп кайттым, - деди күлүп.

- Жакшы, кардың ачса тамактанып ал.

- Жарайт таене, өзүм ичем, сиз убара болбоңуз, - деп койду да кирип кетти, Айча күтүп отурду, анын чыкпаганынан бөлмөсүнө баш бакса уктап калыптыр...

Жамийла үч баласынын чоңоюп калганына ичинен кубанып кудайга миң ирээт жалбарып алат. Адил кийинки күндөрү өтө түнт болуп кетти, анын окуйм деген тилеги орундалбай аргасыз мал багуу менен алек, Дастан дагы бой жетип мектепти бүттү эле, аны дароо окууга киргизип койду, ошодогу Адилдин арманы айтып бүткүс болду, бирок унчукпай жүрө берди, бир күнү Дастан сабактан келгенде Адил:

- Дастан, малга суу берип койчу, мен чарчадым, - деди.

- Эмне-е, мен мал баккыч белем? - деп басып кетти, артынан Адил кирип:

- Иним, сен мага качан жардам бересиң, айтканды аткарып кой да, - деп айтканда орой унчукту.

- Мал караш сенин милдетиңби, кара өзүң, менин ишим жок, - деп бурулуп кетээрде Адил аны жакадан алды.

- Биринчиден инимсиң жумшоого акым бар, экинчиден мен жалданма жумушчу эмесмин, апамдын көңүлү үчүн жасап жатам, үчүнчүдөн мындан ары мага мындай оройлонсоң сазайыңды тартасың! - деди да кое берип чыгып бара жатканда Жамийла кирип келди:

- Силерге эмне болду?

- Балаңдан сура! - Адил бурк эте чыгып кетти.

- Дастан, агаңды эмнеге капа калдың балам?

- Ошол менин агамбы, бомждон айрымасы жок, баккан малын билсинчи!

- Эмне? - Жамийла жаны чыга ачууланып уулун жаакка чаап жиберди, - Сен эмне дедиң ыя, сени төрөгөн мен аны да төрөгөнмүн, ал сенден улуу, угушуң керек аны.

- Жамийла, Дастанга тийишпе, ал сабагын окушу керек, - деп кирип келе жаткан Жекшен айтканда Жамийланын жини келип кетти.

- Сен балдарды бөлүп жарып жатасыңбы, эмнеге Адилди бомж дейт ыя?

- Өзү тың жүрбөсө айтат да.

- Эй Жекшен эки бир тууганды бири-бирине каршы койбу.

- Койчу Жамийла, инисин өзүнө тарта албаса эмне кылайын.

- Сен баарын кылган, Адилди окутпай койдуң ал чүнчүп бара жатат, малыңдын үзүрүн өзүң көрүп жатасың, эми ал мал бакпайт, окууга киргизем, жок десең анда баламды алам да өз жолума түшөм! - деп сыртка чыгып кетти, Адил сөрүүдө ыйлап отурган экен жанына отуруп, - Адил, капа болбо садага, Дастан азыр жаш да, ага таарынба, - деди чекесинен өөп.

- Апа, бул жерде мен сиз үчүн жүрөм, инимди тилимди алат дедим, кебимди угат дедим, эмнеге ал мени акеси катары көрбөйт?

- Кантип көрбөсүн, ал дагы ойлонот, жаш да балам.

- Апа, мен өзүмчө эле кетем, өз киндигимди өзүм кесем, сиз мага капа болбоңуз, - деди да ичкери кирип кийим-кечесин топтоп жатканда Жекшен:

- Эй кайда? - деди кекеткендей.

- Кетем.

- Каякка кетмексиң, барар жериң барбы деги?

- Жекшен сен балдарды бириктиргендин ордуна эмне деп жатасың? - Жамийла кирип келди, - Билсең экөөнү тең мен төрөгөнмүн, сен буларды эки бөлгүң келип жатабы? - деп ичкери кирип Дастанды колунан жетелеп чыкты, - Дастан, азыр сен Адилден кечирим сурайсың.

- Эмнеге апа?

- Сура деп жатам, ал сенден улуу, экөөңөрдү тең мен төрөгөнмүн, бир тууган жатындашсыңар!

- Апа койчу, Адил акем өзү эле...

- Жамийла, баланы жөн эле кыйнабай жөн койчу, Адилге ким бирдеме деп жатат, өзү эле түнөрө берет тура, Дастанга мен үйрөтүп жаткан жокмун да.

- Мен тирүү турганда агасын сыйлабай турган болсо мени апам деп атабасын, Адил менен Дананы аламын да азыр кетем! - деп Жамийла ачуусу келип жатты.

- Апа, мейли мен кечирим сурасам эле болобу? - деди Дастан атасынча керсейип, - Кечир брат, чарчап келдим эле сүйлөп койдум, - деп Адилге карады, - Кечирдиңби брат?

- Кечирүү оңой, жүрөктөгү такты кетириш кыйын, - Адил Жамийлага кайрылды, - Апа, сиз мен үчүн жаман көрүнбөңүз, мен кетишим керек, мен жаш эмесмин, бул жерде тура албайм.

- Адил, - деди Жекшен, - эмне эле кычыланып жатасың, андан көрө малды кара, кардың ток киймиң бүтүн го, тынчы жүрө бер да.

- Менин максатым бар, окушум керек, мал багуу үчүн жаралган эмесмин, тоскоолдук кылбагыла! - деди да сумкасын көтөрө чыгып кетти.

- Адил! - Жамийла умтулганда Жекшен кармап калды.

- Кайда барат эле келет, кабатыр болбо.

- Сен күнөөлүүсүң ушунун баарына, малыңды багып жатса да аны окуткуң келбеди, анын окууну жакшы бүткөнүн билесиң го? - Жамийла ыйлап киргенде Данагүл үйдөн чыга калды:

- Апа эмне болду?

- Адил кетип калды кызым...

- Кайда?

- Кетти, - деп Жамийла отуруп ыйлай берди, Данагүл Адилди жакшы көрчү жүгүрүп чыгып кетти.

- Адил аке, аке токто! - деп чымын куюн болуп келе жаткан карындашын көргөн Адил токтоп калды, - Кайда кетесиң аке, мени апам экөөбүздү кантип таштап кетесиң? - Жетип кучактап калды, жыйырма жетидеги жигит он бештердеги карындашынын көңүлүн кыя албай турду:

- Дана, баарыбызга ушундай болгон жакшы, мен бөлөк жашайын, сага келип турам жарайбы?

- Жо-ок, кетпечи аке, сен кетсең мен бирге кетем.

- Дана, мени түшүнчү...

- Мен сизди жакшы көрөм, мен үчүн калыңызчы, атам бирдеме дедиби, ким урушту сизди? - Кыз ыйлап жатты.

- Эч ким урушкан жок, бар үйгө Дана, мен келип турам дедим го, мени уксаң карындашым.

- Мен сизди кетирбейм, - Данагүл кучактап алып кое бербей турганда Дастан көрүндү, аны Жамийла жөнөткөн, Жекшен дагы ага бар дегендей белги берди, анткени ал Адилди жамандай берчү: "Анын атасы башка балам, сен менин жалгыз баламсың ага теңелбе, мен сени окутуп адам кылам, ал сенин кызматсың болот", - деп кулагына куйгандай болгон.

- Брат, мага таарынбачы эми, апамды аябайсыңбы, биз бир тууганбыз го? - деди тигиндейрээк туруп алып.

- Бир тууган экенибизди эми билдиңби? - деди Адил, - Буга чейин жалданма мал баккыч деп жүрдүңбү?

- Эми кечирим сурадым го?

-- Дастан аке, Адил акеме сиз бирдеме дедиңизби? - Данагүл аны карап жакын келди, - эмнеге сиз эң улуубуз экенин сыйлабайсызбы? - деп ыйлаган карындашын аядыбы:

- Кечир аке, мен жаштык кылдым, али он жаш кичүүмүн го, мени кечир, - деп агасына колун сунду, - Кечириштикпи? - деди жылмая, - Келиштик ээ?

- Келиштик, - деп Адил колун берди, экөө кучакташып калганда Жамийла менен Жекшен дагы дарбазадан чыгып карап турган, Жамийла кубанычтан күлүмсүрөй жаштуу көзүн аарчый карап турду, үчөө ээрчише үйгө киришти, Жекшен анын кайрылып келгенине ичинен кубанды, анткени анын сатылуучу малын бакканга бирөө керек эле, башка бирөөнү алып келсе акча төлөшү керек, Адилге төлөбөйт. Болбосо Адилди көрөйүн деген көзү жок, колунан келсе көчөгө кууп чыккысы келет, бирок Жамийланы сыйлайт, уул кызын кыя албайт. Жамийла өзүнчө ойлонуп айылга барып ата-энесинин, өзү туулуп өсүп чоңойгон үйдү көрүп келмек болуп жөнөдү, бир туугандары баягы бойдон катышпай калган. Атайын айылга келсе алардын үйүн кайра сатууга коюптур, коңшулардан сураштырса сатып алган адамдар бир айдай зорго жашап көрүнчү бар экен деп кетип калышыптыр. Кубана сатып алган адамдын дарегин сурап билди да таап алып сүйлөштү, ал адам сатып алуучу чыкпай жатканда анын алам дегенине кубанып арзан баа айта салды. Жамийла кайра келип Жекшенге сүйлөштү, ал көнбөй көпкө моюн толгоду, акыры аялынын сөзүн четке кага албай сураган акчасын берди эле Жамийла үйдү сатып алып Адилдин атына өткөрүп эки жагын карап бекитип коюп анан он чакты күндө келди, көңүлү тынып калды. Жекшендин оюна койсо Адилди үйлөнткүсү жок, жашы жыйырма жетиге келди, ойлонуп отуруп Жекшенге эми чындап кеңеш кылды.

- Жекшен, Адилдин үйлөнөөр кези келди, атасы болбосоң дагы атасынын ордун бастың, келин алууга убакыт жетти го? - деди жылмая, - Аз убакыттан кийин Данчик үйлөнөм дейт, анан Дана бой жетет...

- Эмне Адилди үйлөнтөйүн дейсиңби?

- Үйлөнтөлү.

- Сүйлөшкөн кызы барбы аныңдын?

- Үйдөн чыкпаса кайдан болмок эле, өзүбүз эле табабыз.

- Жарайт камына бер, - деп Жекшен чыгып кетти, Жамийла кубана анын артынан чыгып топоздорго чөп-жем берип жүргөн Адилди өзүнө чакырды.

- Эмне болду апа?

- Уулум, садагам десе, сен эми адам болуп калдың, сен үчүн таятаңдын тамын кайра сатып алып койдук, ал эми сенин тамың, - деди чачтарынан сылап мээримин төгө.

- Жакшысы жакшы болду апа, мен азыр аякка жашабайм да, жазында окууга тапшырбасам чындап силерден кетип өз бетимче иш кылам.

- Кой балам, окууга тапшырасың дедим го, мына күз келе жатат, сени үйлөнтөлү деп чечтик, эки жакка чыгып кыз изде, болбосо өзүм табайын.

- Койчу апа, мен үйлөнбөйм!

- Эмнеге, эки жылдан кийин Данчик үйлөнбө десең да болбойт көрөсүң го, анан сен дагы калып каласың, менин тилимди ал дагы үйлөнүп таятаңдын үйүнө барып бизнес кыл, азыркы мезгилди көрүп турасың го, жашоо үчүн соода маанилүү, мен сага чоң суммадагы акча беремин соода кылып кетсең жашооң жакшы болот, азыр билимдүүлөр деле соодада жүрбөйбү.

- Апа, окубай каламбы?

- Окууга жаштын айрымасы жок, үйлөнүп алып деле окуй бересиң уулум, менин сөзүмдү ук, - Жамийла Адилди эптеп макулдатты, ошондон кийин бир аз колу бошой түшсө китеп алып окуган Адил эми чыкыя кийинип алып көчөгө чыкчу болду, бир аз сейилдеп келет, дагы бир күнү жолдо келе жатып бир кыз менен кагышып алды, ал телефон менен сүйлөшүп келе жатып байкабай өзү урунуп алган.

- Чоң кыз абайлабайсызбы, - деди Адил ага.

- Кечириңизчи, байкабай калдым, - Кыз ары жыла берди.

- Чоң кыз заголкаңыз...

- Аа-а кечиресиз, - деп кайрыла бергенде кыздын көздөрү жайнай ага күлүмсүрөп караганда Адил көзүн тартып алды. Ошондон тартып ал кызды акмалап кайда жашаарын дагы билип алды, күндө ошол кызды көрүү үчүн гана үйүнөн чыгат, атын да билбейт, таанышууга кудурети жетпеди. Эсинен чыкпаган алагар көз кызды түшүндө дагы көрчү болду, арадан көп убакыт өтсө дагы ага жакындап таанышууга чамасы келбеди, ал келе жатканда жоон талга жашына калат да өтүп бара жатканда узата карап кайра үйгө кайтат. Дагы бир күнү Адил ал келе жатканда бекине калды эле кыз ал чоң түп дарактын жанына келгенде бир азга буйдала түштү. Эки жагын карап турганда Адил башын акырын кылтайтып, "кеттиби?" - деген ойдо чыга калмак болгондо кыз:

- Мени менен бекинчек ойнобоңузчу, - деди күлө карап.

- Эмне? - Адил сыр билгизгиси келбей чыга калды, - Аа-а сизби?

- Ооба, кайрадан жолугушчу күндөр бар, - Кыз күлүмсүрөп Адилге жакындап басып келди, - Мен баарын билем, сиз күндө ушул жерден мени күтөсүз, узатып кала бересиз, - дегенде Адил кызарып кетти:

- Жо-жок, мен күндө ушул жакка келген адатым бар.

- Мейли, эмесе таанышып алалы, менин атым Мария.

- Меники Адил, а эмнеге атыңыз орусча? - деп Адил күлдү.

- Менин атымды жыйырма экинчи апрелде туулганым үчүн Владимир Ильич Лениндин апасы Мариянын атынан койгон.

- Владимир Ильич Лениндин ким экенин билесиңби, ал ким болгон?

- Чоң атам анын ким экенин айткан, ал улуу жол башчы болуптур.

- Мен билбейт экенмин.

- Болуптур анда Адил, бүгүндөн ары ачык эле жолугушуп жүрөлү бекинчек ойнобой, - Мария күлүп коюп коштошуп жөнөдү, ал улам артына караган сайын Адилдин кыймылдабай турганын көрүп колун көтөрүп коет, качан карааны алыстап кеткенде гана:

- Эсть! - деп бир секирип алды, анын кубанганын айтпа, үйүнө ышкырып көңүлдүү келди, ал келсе Дастан малга чөп салып жатыптыр, ал мурдагыдай болбой ага боор тарта баштаган, Жамийла дагы мурда алардын антээрин билген эмес эле, кийин экөөнү отургузуп алып такай аларга акыл айтчу болгон.

- Аке, бүгүн башкачасыз го? - деди ал бешиликти ары коюп.

- Эмне болду, күндөгүдөй эле...

- Жо-ок, жүзүңдөн кубаныч көрүнүп турат.

- Бар, ишиңди кыл, акеңе тийишпе, - деп күлүп койду Адил. Жекшен менен Жамийланын камы бүтүп, туугандарын чакырып Адилди үйлөнтмөй болушту, Адил акырын Марияга жолукмак болду. Ошол күнү ал дагы аны күтүп кечиккенинен кетип калган, кечке күттү, келээр маалында улам жол карап тынчы кетип турганда ал артынан:

- Салам! - деди.

- Сен кайдан, мен сени...

- Мен үйдөн келдим.

- Кандай Мария?

- Жакшы, эмне бир нерсе айчудайсың.

- Мария, мага турмушка чыкчы!

- Эмне? - Кыз көзүн бакырайта карап калды, аны артын карабай кетип калат экен деп чоочулаган Адил шашып:

- Мария, мени түшүнчү, кополураакмын чынында, мени үйлөн деп жатат.

- Демек мага үйлөнгүңүз келеби?

- Ооба.

- Анда менин бир шартым бар.

- Кандай шарт болсо дагы даярмын.

- Чын элеби? - Мария аны күлүп сынай карады.

- Ооба, кандай болсо дагы макулмун.

- Мени алган жигит күч күйөө болууга тийиш.

- Жарайт, мен макулмун, - деди Адил.

- Эй, сиз түшүнөсүзбү күч күйөө дегенди.

- Ал эмне...

- Сиз мага үйлөнгөндөн кийин менин төркүнүмдө болосуз.

- Анын эмнеси бар, сен жанымда болсоң болду, - деди Адил, Мария ойлонуп калды: "Ушул сөздөн далай эркектер качпады беле, эми бул маанисин түшүнбөбү же мени чындап сүйөбү, сүйөм деп айтпагандар сүйүүгө бекем болот деп уктум эле", - деп ойлонуп калды.

- Демек шартыма макулсуз, - деди ойлуу карап.

- Дапдаярмын, мен сенсиз жашай албайм Мария.

- Эмесе ойлоноюн, сиз дагы ойлонуңуз, - деди Мария, экөө бир аз сейилдеп басып жүрүшкөндө Адилдин да, Мариянын да телефондору чырылдап калып коштошо бөлүнүштү. Адил келгенде ортого алышты, тойду жакшы кафеге өткөрүүнү чечти, ошентип эртеси Адил эки бала менен Жекшендин машинасын айдап алып жөнөп Мария өтчү жолго келип күтүп калышты, ал ыйлабай этпей эле кирди, кээ бирлери бетин чоюшуп ээрдин түйрүп шыбырашса кээси ачык эле айтып:

- Капырай, акыр замандын жаштары, көзүнө жаш албай тастаят да тим эле, - десе бири аны коштоду.

- Ооба десең, азыркы кыздар эрге тийе албай жүрсө анан сүйүнүп келет да, - Бетин чое күлдү.

- Ай өзү деле жыйырма бешке чыгып калыптыр.

- Ийе де, ошондой бекен, анда жөнү бар экен, - дегендерин укса дагы Мария үн деген жок, анткени ага Адил жакшы күйөө болуп берээрине ишенди, далай жолу артынан жүрүп таанышканга дити барбай сүрдөгөн жигит мени чын жүрөгүнөн сүйөт, кадырыма жетет, деп ойлойт. Нурдин бул кабарды угуп Алиман менен Гүлүйпаны алдырды, алар келгенче тою келип калган, он беш миң сом менен бир кой, конфеттердин түрүп берген Жамийла, ал уулунун үйлөнгөнүнө жетине албай жатты. Ошентип кубалап келишкен жок, бир айдан кийин үйлөнүү той эки жүз элүү адам батарлык банкет өтүүчү жайда салтанаттуу түрдө өттү. Нурдин небереси менен күйөө баласына үч бөлмөлүү үй белек кылышты, Мария шаардагы бир мектепте мугалим болуп иштеп жаткан. Аларды дароо эле ошол үйгө алып барышты, эки жаш ал үйдө жашамак болду, Жекшендин ичи ачышты, анын эми малын багаар эч ким жок киши жалдашы керек эле. Ошентип Адил өзү сүйгөн кызына үйлөнүп бактылуу жашап калды, акыры Нурдин аны окууга тапшыртып беш жыл окутту, эки балалуу болушту, Жекшендин ичи күйүп кала берди, ал өгөй баласын өмүр бою кул кылып өзүнүн мал багуучусу кылгысы келген, бирок кантсе да эки баласынын энесин кыя албай анын тилин алып үйлөнттү, керек деген акчасын берди, Дастан дагы үйлөнүп бир балалуу болуп калган, акыры дача сатып алып мал багуучу жалдады, Жамийла балпайган аял болгон, кызы бой жетип окуп жатат, ал дагы бир күнү өз эми табаары анык, аны ойлогон эне күнү-түнү ойлонуп келинине келген септи эстеп кызына дал ошондой сеп бергиси келет. Жекшенге кеңешип эми кызынын камын кыла баштады. Алиман кыз-күйөөсүнө тез-тез келип турат, улуу баласын багып алган, турмушка чыкпады, жашоосу ойдогудай. Гүлүйпа токсон эки жакшы чыгып Мариянын бир баласын көргөндөн кийин көз жумган. Жекшендин чарбачылыгы көбөйүп Дастанга өзүнчө машина сатып берген, өзү улам жаңы чыккан машинаны минет, Жамийланын элүү жылдыгында ага машина белек кылды, эки баласы алтын чынжырчанын эки башка баалуусун беришти. Ошондой бактылуу жашоонун ыраатын көрүп калышканда Жекшен жаш аялга көңүл буруп үйгө кээде келсе, кээде келбей калат. анын тапкан сулуусу жыйырма сегиздеги Алина эле, ал жок жарды үй-бүлөөдө өскөн, окууга тапшыра албай калып кыздар менен кошулуп денесин саткан кыздарга кошулуп кеткен. Акчасын кайда жумшаарын билбей көөп бара жаткан Жекшен көңүл көтөрүүгө барып Алинага жолукту да өлө-тала сүйүп калды, ага кезиккен күнү эле минтти:

- Алина, мындан ары бул жерде иштебейсиң, мен сенин каалаганыңды алып беремин, болгону айтканымды ук, - деди кыздын жылаңач денесин сыйпалап өөп.

- Ошондо аялыңыз эмне болот? - Алина кытмыр жылмайды.

- Анын өз жолу бар, мен сага үй, машина баарын беремин, болгону сен макул болсоң болду, - деп жалынып жалбарып ошол күнү мейманканага калтырып ага айткандарын бүт даярдап жүрдү. Акыры бир ай ичинде үйдү Алинанын атына жаздырып ичин толтуруп, машина менен праваны дагы бүтүргөн. Анын минтип жүргөнүн Жамийла билбеди, болгону бир-эки жылдан бери эрди-катындай жатпай калганын эстеп: "Мунун бирөөнү таап алганы анык, эгерде андай болбосо үйгө келет эле", - деп ойлонуп жини келип жүрдү. Аттиң кээде адам жокчулуктан аргасыз ар кандай иштерге барса кээси дөөгүрсүп барлыктан дагы өзүнө адам теңебей калган учурлар көп го.

Жамийла ушинтип ойлонуп ыйлап кайра сооронуп жүргөндө Данагүл кубанычтуу кирди:

- Апа, атам келдиби?

- Жок, эмне болду кызым.

- Аа-ай, экөөңөргө айтаар жаңылыгым бар эле да.

- Айта бер, мен бармын го?

- Чогуу болсоңор болмок, - Данагүл аркы-терки бөлмө ичинде басып жатып анан Жамийлага кайрылды, - Апа, атам деги үйгө келип жатабы?

- Көптөн бери келбейт, телефонун албайт, - деди Жамийла суз.

- Демек ал...

- Эмне бирок? - Жамийла кызын тигиле карады, ал өткөндө бир көргөнүн көз алдына элестетип: "Демек атам жаш кыздар менен көңүл ачып жүргөн экен да, мен жөн гана иши менен экен деп ойлодум эле", - деп дароо телефонун ала атасына чалды, ал дароо кызынын чалып жатканын билип ала койду.

- Ата, мен сиз менен шаардын четиндеги дачадан жолугам, - деди да өчүрүп коюп шашыла жөнөдү.

- Дана, мен кайда Дана? - деген апасынын дагы сөзүн уккан жок, жүрөгү лакылдаган Жамийла тынчы кетип жатканда Дастан келип калды, ал угуп алып дароо анын артынан жөнөдү, Жамийланын бирге барайын дегенине болбоду. Данагүл жеткенде Жекшен аны күтүп турган экен, кучагын жая күлүп келе жаткан атасын суз караган кыз өзүнө жеткирбей колу менен токтотту:

- Мен сизди сагынып келген жокмун, мага түз жана ачык чындыкты айтыңыз, апамдан башка аялыңыз барбы, же сүйгөнүңүзбү?!

- Эмне деп турасың кызым?

- Айтыңыз деп жатам!

- Апаң сага мени жамандаган го?

- Апама тийишпеңиз, ал менин сизге бул суроону берээримди билбейт, апамдын ишеничине суу бүрккөн сизби?

- Дана, мени түшүнчү, эч кандай андай нерсе болгон эмес, карганып берейин, - деп Жекшен айласы кетип турду.

- Кереги жок, андан көрө акем экөөбүздү, апамды кечип таштап сиз үйдөн чыгып сүйгөнүңүздү тандайсыз, болбосо азыр мен сиздин алдыңызда өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - деп катып алган бычакты өзүнө карай шилтемек болгондо Дастан:

- Дана токто! - деп бакырып чыга калды.

- Аке, сиз кайдан? - Данагүл элээ карап бычакты таштап жиберди.

- Ата, Дананын айткандары чынбы? - Дастан жер карап турган Жекшенге кайрылды, - Чынбы дейм ата?!

- Уулум, кызым мени кечиргиле, экинчи мындай болбойт, апаңар билбесин, мен экинчи андайга барбайм, - деди Жекшен үлдүрөй.

- Кантип, кантип ушундайга бардыңыз ата, апамды башка бирөөгө алмаштырып анан биздин жүзүбүздү кантип карап жатасыз?! Жекшен үн дей албады, Дастан тизелеп отурган калыбында жерди тарс муштап алды, Данагүл унчукпай тура берди, Жекшен унаасына барды да жөнөгөндө Дастан карындашына карады, - Кеттик Дана, апам сары санаа болуп жатат.

- Кеттик, - Данагүл өзүнүн унаасын айдап агасынын артынан жөнөдү.

Алар келсе Жекшен үйдө экен, Жамийла эч нерседен капарсыз ага чай берип отурган, алар кирип дагы унчукпай чайга отурушту. Эч кимиси үндөгөн жок, адаттагыдай маанайлары ачык сүйлөшпөй туруп кетишти, Жамийла таң калып Жекшенге:

- Силерге эмне болду, Дана сага чалып жолугаарын айтып чыккан эле, Дастанды мен, жөнөткөнмүн, араңарда бир сөз болдубу? - деди.

- Эмне болмок эле, жөн гана сүйлөштүк, - деп көзүн ала качты Жекшен.

- Дана жана келгенде экөөбүзгө кубанычтуу сөз айтам деп жатты эле, - деп Данагүлдүн бөлмөсүнө баш бакты, - Дана, алтын кызым, атаң экөөбүзгө бирдеме айтам дедиң эле го? - деди.

- Апа, менин азыр башым ооруп турат, эртең сүйлөшөлүчү.

- Ма-акул, эс ала гой кызым, - деди да кайра чыгып кетти, Жекшен ойлуу жатып алган эле, Жамийла чечинип жанына жатты, Дастан өз үйүнө кетип калган, - Жеке, кийинки күндөрү үйгө келбей турган иштериң көбөйүп кетти.

- Жамийла, бала болуп кетпечи, иштеп чачтан көп, бир компания менен келишимге кол коюп жатам, кийин Дастан мал менен дагы компания менен дагы алектене турган болот, балдардын келечегине кам көрүшүбүз керек Жамаш, - деп ары карап кетти.

- Чарчадыңбы, а мен сени сагындым, - Артынан кучактады, - Сен сагынган жоксуңбу? - Шыбырай өптү.

- Жамаш, тынч уктайлычы.

- Мейли эс ал, - деп Жамийла улутуна жатып калды: "Бул башканы сүйүп калган тура, мага көңүлү келбей калыптыр, мен чуу көтөрүп кызгангыдай жашта эмесмин го, неге минтип ичим тызылдап жатат", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Эртеси Данагүл ойлонуп-ойлонуп өзүн карманып эчтеке болбогондой ата-энесине чай ичип отурганда:

- Апа, ата мен сиздерге бир сөз айтсам макулбу? - деди күлүмсүрөй.

- Айта гой кызым? - деди Жекшен.

- Кана, кечээтен бери ичим бышып кетти, атаңсыз айткың келбеди го? Жамийла кызына мээрим төгө карады.

- Эки күндөн кийин үйгө конок келет...

- Кандай конок? - Жамийла менен Жекшен бирдей суроо узатты.

- Куда түшүп келишет.

- Эмне?

- Ыя? - Экөө бири-бирин карашты.

- Ата, апа кызыңарды дагы эле секелек көрүп жүрөсүңөрбү, мен деген жыйырма үчкө чыкпадымбы, эмесе мен айттым, калганын өзүңөр чечкиле, - деп чыгып кетти, Жамийла менен Жекшен эмне дээрин билбей туруп калышты.

- Ой, ал ким, каяктык экен дебейсиңби, - деди Жамийлага.

- Эсиме ошол келдиби.

- Кызык го, жолдо жүргөн неме болсо да макул болобузбу?

- Дана андайларды тандабайт, келет дедиби келет, күткөндөн башка айла жок, камынуу керек, - деди Жамийла, Жекшен унчукпай отура берди.

Ошентип айтылган күнү даярдык көрүлүп конокту күтүп калышты, убакыт болуп калганда кулак түрүп бири-бирин карашат, Адил менен Мария дагы бар, аларды чакырып алышкан, Дастан келинчеги менен баары чогуу, бул кезде Жамийланын иниси менен сиңдиси катышып калган, Жекшендин ага карындашы болуп өздөрү эле он бештей бар. Бир кезде "келди, келди", - дешип дүргүп калышты, баары жарданып чыга калышты эле, Жекшендин көзү чакчая түштү: "Кудай уу-ур, булар оңой адамдар эмес го, уят болбосок болду", - деп турду. Анткени кычыраган үч унаа менен келип токтоп жалаң галстук тагынгандар, аял эркек түшүп келе жатты. Тозуп алып киргизишти, даярдалган үстөл үстүнө көз тоет, келгендер кенен кесири орун алышты, таанышып келгенде шаардык мэрдин орун басарынын уулу болуп чыкты, Данагүл үр кызындай кийинип күтүп жатты, акыры аны чакырып сөйкө салуу аземи болду, ошондо орун басар Аскар Арунов сөз сүйлөп:

- Кудалар, өзүңөр билесиңер, азыр эмне болсо да ресторан кафеден өткөрүп калышты, биз кыргыз болгондуктан эскиге эле үйдөн кадимкидей жуучулукка келип кызга куда түшөлү деп чечтик, - деди.

- Туура болгон экен, биз деле кафе же ресторанда тозгонго кудуретибиз жетмек, бирок кыргызча болсун дедик.

- Кыз менен бала бири-бирин жактырып калыптыр, байкашымча кызыңыздар азыркы кыздардай ачык кийим кийбейт көрүнөт, тарбия-таалимдүү кыз биздин үй-бүлөөбүзгө ылайык келээрине көзүм жетти, - деди аялы чоюлган Айнаш.

- Айланайындар, менин жашым сексен беште, неберелеримди жаныма чакырам, - деди ак жуумал балпайган кемпир, багуусу жарашкан, бактыга тунган гана аялдын жүзүндө картайса дагы жайдарылык, сүйкүмдүүлүк менен жашоосуна ыраазылыгы билинип турат эмеспи, Данагүл менен Арсен жанына келгенде ал экөөнүн чекесинен өөп, - Бактылуу болгула балдарым, кудай экөөңөргө узун өмүр, бакыбат жашоо, кең пейил менен бирге ынтымак берсин, оомийин аллоху акбар! - деп бата кылып анан кыздын кулагына сөйкө салды, андан кийин конок күтүү каадасы болуп союш союлуп эт тартылды. Жекшен менен Жамийланын көңүлдөрү жайланып жалгыз кызынын ойдогудай жерге, өз каалаганына бараарына кубанып калышты. Конокторду ичкиликсиз кымыз менен бозо куюп сыйлады, акыры кетээр кез келгенде жакшы узатып кала беришти, Жекшен үйдөгү иштери менен болуп Алинага барбай калганына бир айдай болуп калган, ал ага бир барып келүүнү ойлоп үйдөн чыкты. Алина бул кезде бирөө менен жүрүп алган эле, экөө кучакташа коштошуп жатышты:

- Сен ал ойношуңдан коркпосуңбу? - деди Дайыр.

- Ой ошол картаң эшектин эмнесинен корком, келет да кетет.

- Мен үй-бүлөөмө угулуп калгандан корком, мен кетейин, - деп чыга жөнөдү, Алина узатып эми отурганда эшик кайра чырылдады: "Кайра ойлонуп келген го", - деп ойлонуп:

- Келээриңди билгем! - деп эшикти ачып жиберип Жекшенди көрүп өңү бозоро түштү.

- Чын эле билдиң беле, түшүңө киргенмин го? - деп эчтекени байкабаган Жекшен аны кучактап калды, - Жа-аным менин, сагынып кеттим, - деп бекем кысканда Алина: "Сас-сык өлүк жыттанган өлүк десе, сенин мага акчаң гана керек экенин билсең го, болбосо көрөйүн деген көзүм жок", - деп жийиркенип турду, - Эмне унчукпайсың алтын?

- Ишенбей турам келгениңе, үмүт үзүп койдум эле, - деп таарынгандай сүйлөдү.

- Антпечи алтыным, мен сени таштабайм, иштер менен жүрүп келе албай жүрдүм, тамак-аш түгөндүбү? - деди колтуктай келип диванга отургузду, - Мен бирдеме алып келейин, сен отура тур ээ? - деп бетинен өөп чыгып кетти.

- Эш-шек! - деп койду ал чыгары менен көп өтпөй эле кайра эки пакет толтура азык-түлүк көтөрүп келип калды, - Келдиңби? - деп калп жаркылдап күлгөн Алина алдынан чыкты. Ал күнү кечке анын жанында болуп анан Данагүлдү капа кылып алуудан коркуп кечке маал үйүнө кетмек болду, жөнөп жатып:

- Жаным, менин бир жолугушуум бар эле, бул акчага кийим-кече алып кийип ал, - деп эки жүз доллар таштап кетти.

- Ушул гана керек! - деп кубана күлгөн Алина акчаны өөп коюп телефонун терип тааныштарына чалып кирди... Жекшен үйүнө келип Жамийла менен сүйлөшүп отурду, Данагүлдүн тою бир айдан кийин болмок болду, ага камынып келиндерин чакырып жууркан төшөктөрүн жасап керектүүлөрүн даярдап жатышты, Мария абдан илбериңки, колунан келе турганын келет же келбейт деп ачык айтат, анын бул мүнөзү Жамийлага жагат, Дастандын аял Гүлина өтө митаам, куйту неме, заматта чабыштырып кайра табыштыра койгон адаты бар, Жамийладан бир нерсе алдаарда жыпылдап кошомат кылып келет. Баласын кээде алып келет, кээде алып келбей өз энесине таштап коет, Мариянын балдары ар дайым чоң энесине келип турат. Адил апасы менен кеңешип айылдагы үйгө кеткени жаткан, Мария экөө кеңешип чечишкен болчу. Акыры Данагүлдүн тоюнан кийин кетмек болуп өзү үйдүн эки жагын карап, тазалап актап келгени барган болчу. Аны тааныбай эле бир адам басып келди:

- Уулум, бул тамды сатып алдыңбы?

- Ооба.

- Бекер кылыпсың, мында көрүнчү бар имиш, мурунку ээсинен сатып алган киши бир ай дагы жашабаптыр, - деп сүйлөшүп турганда коңшусу келип калды, аны менен учурашып Адил өзүн тааныштырды.

- Оой азамат болгон турбайсыңбы, силерди бул үйдү сатып алды деп уктумбу? - деди Төрөбай.

- Ооба, көп болуп кетти го, үз тозуп бара жатат, өзүм келейин деп жатам.

- Туура кыласың, Садык менен Айымкандын уул баласы жоктой кылып ата журтун саткан балдары эси жоктук кылды.

- Эми алардын шарты ошондой болуп калды, мен турбайынбы.

- Азамат, бул кылганың туура.

- Апама алкыш деш керек, анткени ата-энесинин журтун башкага тебелеткиси келген жок, - деди Адил күлө.

- Кандайча? - деди жанагы адам, - Бул үйдө силер мурда жашадыңар беле?

- Ооба, менин таятамдын үйү, мен ушул үйдө чоңойгонмун.

- Кызык экен, а-а сен көрүнчүнү көргөн эмес белең?

- Кайдагыны айта беришет да, андай эч нерсе деле жок.

- Ооба, Садык өз колу менен курган үй эле да, балким бечаралар башка бирөөнү жашаткысы келбей жаткандыр, - деди Төрөбай.

- Ошондой, мен ушул үйдө чоңойдум, - деп Адил жылмайды, - Таятамдар чоочун адамдарды жактырбаса керек, болбосо бизде андай болгон эмес, - деп үйгө кирип ары-бери басып ойлонуп жатты, анан отура калып куран окуду: "Таята, таене силер мени багып өстүрдүңөр, эми мен силердин очогуңардан от үзбөй түтүн булатам, үй-бүлөөмө тынчтык, бак-таалай берсин, колдоп жүргүлө", - деп көптө бата кылды. Ал ошол күнү кайтып келди, Жамийлага укканын айтып күлүп жатышты.

Эртең той деген күнү Жекшен дагы Алиманга барган, ал барганда Алина тамак жасап жатыптыр, үстөл үстүндө эки кишилик идиш турган эле, Жекшен аны көрүп үн дебей Алинага барып кучактады, ал унчукпай эркинде болду, анын эчтеке сездирбегенге аракет кылып турганын байкады, бирок унчуккан жок. Эки кишилик винонун рюмкасы, соктун бокалы турганына жини кайнап турду, бирок сыртына чыгарбады, дароо көңүлү кала түштү: "Ак никелүү аялыңдай болбойт экен да, менин акчам менен башкаларды багып жатканын кара, ал тургай дене кумарын кандырып, ойноп күлүп мен жокто өзү билет экен да, жо-ок, мен буга баарын минтип калтырбайм, кандай келсе дал ошондой кетет, мен аны эч качан менин акчама көптүрө койбойм", - деп ойлоп жатты. Алина сыр билгизбей.

- Жаңы гана бир подругам келип кеткен эле, жалгыз отуруп тажап кеттим, - деди жойпулана.

- Жакшы кылыпсың, жалгыз зерикпей анан.

- Алтыным десе, сенин түшүнөөрүңдү билгенмин, - Мойнуна асыла өөп алды.

- Тамагың быштыбы, жатып эс алалы, - деди суз.

- Мен жуунуп чыкканча даяр болот, - деп Алина ваннага кирди, Жекшен артынан барып тыңшап турду, - Ало, ало угуп жатасыңбы, тиги картаң эшек келип калды, эртең кел макулбу? - деп дароо өчүрө салып сууну шарылдата жуунуп кирди.

- Энең дурайын десе, картаң эшек экенмин да бул үчүн, сага көрсөтпөсөм элеби?

- Алтыны-ым, тамак даяр! - деп Алиманын үнү угулду.

- Мен дагы даярмын, - Жекшен сыр билгизбей келип үстөлгө отурду.

- Жеңилдеп калдым, эми тамак ичсе болот, - деп күлө карады Алина, экөө тамактанып болуп дароо эле төшөккө киришти, бирок бул жолу Жекшен баштагыдай берилбеди, көкүрөгүндө жийиркенүү пайда болду, анан уктап калды, кеч киргенде шашыла туруп жөнөп бара жатып:

- Муздак бирдеме барбы, пиво турат эле берчи, - деди.

- Бар, - деген Алина дал ушуну күтүп тургандай мурунтан даярдап койгон уу коргошунду пивого кошту да бере салды, - Өтө муздак.

- Ошонусу жакшы, - Жекшен шекшибей ичип алып чыгып кетти, ал унаага отура бергенде башы айлана түштү: "Кечинде жолго чыкпай жатып калсам болмок, кой тезирээк үйгө жетейин, жолдо чарчагандыкы го", - деп унаасын жылдырып айдап жөнөдү, трассага жетип бурулаарда унаасын токтотуп ичин уучтап отуруп калды: "Бир шайтандын колунан өлөмбү", - деп ойлоп унаасынан чыгып бирөөлөрдү жардамга чакырмак болду, бирок жыгылып түштү... Ошол күнү түнү бою Жамийла: "Бул кандай аял менен жүрөт болду экен, балким жаштыр, эмнеге ушуну ойлободум экен, акчасы бар, байлыгы бар эркекти кандай аял карабасын, балдар билип калбаса болду", - деп ойлонуп жатып көзү илинип кетти эле түш көрүп жатыптыр. Түшүндө Жекшендин өлгөн атасы: "Мен Жекшенди алып кетейин, көптөн бери аны апасы күтүп жатат, буга өзү күнөөлүү", - деп ээрчитип кетип жаткан экен. Чоочуп ойгонсо таң агарып калыптыр, телефону жан алы калбай шыңгырап жатыптыр, ала койду эле: "Сиз Жамийласызбы, сиздин күйөөңүз ууланган, азыр ооруканада, тез келип калыңыз", - деп Жекшендин телефону менен чалып кайра өчүрүп койду. Шашыла Данагүл менен Дастанга, Адилге чалды да ооруканага жөнөдү, бирок алар барганча Жекшен бул өмүр менен коштошуп кете бериптир. Телефондон бир туугандарына чалып өздөрү сөөктү жүктөп түшкө жакын келишти. Ыйлап-сыктап жерге бергени жатканда телефондогу СМС терди көрүп Алинаны табышып Жекшендин сөөгүн кайра текшерүүгө алып кетишти, анын ууланганы белгилүү болду, корккон Алина баарын моюнуна алды, анткени Дастан менен Адил аны өлтүрөбүз дешип катуу чыр салышкан. Ошентип Алинаны соттоп жиберишти, Жекшенди жерге берип отуруп калган, Жамийланын ичи муздап көзүнөн жаш чыкпады. Туугандары ызаат сыйын кылып бүткөн соң баары кетип өздөрү калды, эки уулу, кызы кыркына чейин кетпей турган болуп калды. Кыркын бергенден кийин Адил:

- Дастан, эми кеңешели, апам бул үйдө жалгыз кантип турат, Гүлина экөөңөр көчүп келесиңерби? - деди.

- Аке, биз келе албайбыз го? - деп мукактанды Дастан.

- Неге, биер деле шаар ичи, жумушуңарга бул жерден барсаңар да болот.

- Ошондо да...

- Кичүү бала калыш керек да, - деди Мария.

- Экөөңөр тең эле баламсыңар, мен жалгыз эчтеке болбойм, өз-өзүңөрчө тирлигиңерди кыла бергиле, - деди Жамийла ойлуу, - Сен мен дешпей ынтымактуу болгула балдарым, ажал улук экен атаңардан айрылып калдык, эми эс-акыл менен ынтымактуу болуп бирдиктүү болгула, - деди үшкүрүнүп.

- Макул апа, - деди Адил, - Дананын тоюн өткөрөлү, анан дагы сүйлөшөбүз, - деп токтоо айтты, - Улуусу катары баарын өз моюнума алам.

- Рахмат аке, сиз эмне десеңиз ошол болот, - деп Дастан шыпылдады.

- Жарайт, апамды кимиң капа кылсаңар менин алдымда чыкпасын, - деп катуу айтты Адил, ошентип Данагүлдүн тою Жекшендин жылдыгынан кийин боло турган болуп чечилди, азалуу отуруп турмушка чыгууну Данагүл дагы каалаган жок, ошентип Адил менен Мария Жамийланын жанында болмок болду, Мария экөө кеңешип биротоло көчүп келип алышты, Жамийла ыраазы болуп калды, уул-келинине алкышын айтып неберелерин эрмектеп оңуп калды. Дастан өзү кээде өзү келип кетет, бирок келини Гүлинанын келээр ою жок, абдан тике, балдарын дагы жөнөтпөйт. Бир жыл антип минткиче эле өтүп кетти, жылдыгын бергенден бир айдан соң Данагүлдүн үлпөт тою болуп өттү, Жамийла эки баласы менен кудалары болуп бул тойдо болушту, Алиман кудагыйынын жанында отурат, жаштар ырдап бийлеп, ар бир уул-келиндин тууган тараптары белектерин беришти, Аскар Арунов уул-келинине жаңы жеке жайдын ачкычын берди. Ошентип калган той жеке жайда өттү, Жамийла башынан көп ичпегенге аздап кудалары менен аздап ичкенге кыйналып калды. Атанын милдетин эки уулу аткарып Данагүлдүн тоюна машина белек кылышты, себин биротоло берип эс ала түштү Жамийла. Адил ошол бойдон айылга барбай туруп калды, ага Жамийла:

- Балам, биз аткарчу иштин баары бүттү., эми айылга барып таята-таенеңе куран окутуп ошол жакта бололу, Дастан баары бир барбайт, - деди.

- Макул апа, барса баралы, ээн туруп калды.

- Жумуш аякта деле бар Мари, менин жанымда силер болосуңар, Гүлина Дастанды кое бербейт, - деп күлдү, - Улуусу да, ыймандуусу да силерсиңер балдарым.

- Дастандын өзүндө да, - деди Адил.

- Адил, мисалы мен сага эчтеке дебейм, эгерде мен эч жакка барбайм, сен бара бер десем барасың, - деп Мария күлүп калды.

- Сен ошентип көрчү, - Адил күлө карады.

- Билесиңби, баягы тааныша албай артымдан жүргөнүңдө, ошондо мен сага бир шартым бар дебедим беле эсиңдеби?

- Кандай? - Адил унутуп да калган экен.

- Мага күйөө болчу жигит, күч күйөө болуусу керек дебедим беле, ошондо сен баарына макул болбодуң беле, бирок мен эркектерди ошентип сыначумун, көрсө сени пешенеме жазып койгон тура, - деп күлгөндө Адил кызаңдап кетти:

- Ал эсимде деле жок, көп сүйлөбөчү.

- Балам, жаш кезде андайлар боло берет, мына эми кудайга шүгүр бактылуусуңар, көз тийбесин, - деп Жамийла жылмая карады. Көп өтпөй эле Адилдер айылга көчүп барышты, аны угуп эки агасы, эжеси менен ини сиңдиси жетип келишти. Мурда билген эмес эле Жамийланын аны кайра сатып алганын, угуп кубанганын айтып бакылдаган агасына Жамийла:

- Атам менен апамдын өлгөнүнө он беш жылдан ашты, кимиңер куран окутуп койдуңар, алардын арбагын сыйлабадыңар, - деди эл тарагандан кийин.

- Шарт болбой эле убакыт өтө берет экен да.

- Уулум жок деп арман кылгандар канча, силер үч уул болуп эмне кылдыңар, мен бул үйдү Адилге сатып бердим, эми тийишпегиле, - деп Жамийла бир туугандарына таарыныч кылды.

- Бул үйдө көрүнчү бар экен деп сатып алгандар жашай албай коюптур да, - деп сөзгө аралашты Адил.

- Койчу, чын элеби? - Улуу агасы таңгала карады.

- Ишенбесеңиз бу Төрөбай акеден сурасаңыз.

- Кызык.

- Ошентиптирби? - дешип таңгалышты баары.

- Атамдардын ак эмгегинен курулган үй эмеспи, алар бөтөн адамдын бул үйдү ээлешин каалаган эместир? - деди Жамийла.

- Туура, атам менин эки-үч жолу түшүмө кирип аябай капаланып анан кетип калган, - деди улуу агасы Эмил.

- Менин дагы түшүмө кирип сүйлөбөй койгон, - Экинчиси Эдил таңгалды.

- Айтсам таңгаласыңар, менин түшүмө дагы атам менен апам кирип капаланып жүзүн буруп кеткен, - деди иниси, ошентип көпкө чейин ата-энесин эскерип отуруп кайрадан куран окуп анан жатып калышты. Эртеси Жамийлага иниси бир нерсе айтмак болуп айта албай шынаарлай берди, Жамийла анысын сезип турса дагы байкамаксан болуп турду. Анткени Камил кредит алып үйүн коюп төлөй албай калып алдырып ийген эле, ал ата-энесинин тамын сурамак болгон, ага Жамийланын жини келип бирок билгизбеди. Аргасы жок шаарга кетти, дагы бир топ күндөн кийин Эмил келип:

- Жамийла, эми мени туура түшүн, Камил болсо үйүн уттуруп ийип талаада калды, силердин шаарда үйүңөр бар, бул үйдү Камилге бер, - деди уялбай эле.

- Аке, мен бул үйдү адал акчама сатып алганмын, силер Адилге берген болсоңор бошотуп бермекмин, - деп Жамийланын жини келип кетти, - Атадан кийин төркүн жок деген чын экен, бир ата бир энеден элек, мени кимиңер катарга алып койдуңар, эми атайын келип уялбай сурайсыңар, андай болсо сатып алсын, мен сатам.

- Жамийла катуу кеттиң...

- Дагы атамдардын арбагын сыйлап жатам, болбосо үйгө киргизбейт элем, - дегенде Эмил унчукпай чыгып кетип бир жумадан кийин карындаш, инилерин алып Жамийладан кечирим сурашты, ошентип алар кайрадан мамыр-жумуру болуп катышып калганда Камилге шаардагы үйүн жашай бергиле деп берип койду. Кызыгы дал ошондон кийин болду, Камил короонун ичиндеги мал баккан сарайды бөлмө үйгө айлантып батирчилерди киргизе баштады, алардын үйүнө барбай ал жөнүндө кабарлары дагы жок эле. Шаарга иштери менен келген Адил кайрыла кетмек болуп таңгалып калды.

- Оо тага бул эмне? - деди Адил күлүп.

- Ансыз деле бекер жатат, андан көрө он бөлмө кылып койдум, кийин өзүңөргө деле керек да, - деди кызаңдай, - Убактылуу мага айлык акы болот, кийин өзүңөргө пайда.

- Бекер кылыпсыз, - деп коюп кетип калды, Камил кампа кылып койгон эски тамын дагы тазалап үч бөлмөсүнө үч кишини киргизип коюптур. Жамийла угуп алып тим болду, балдарына тим койгула эми, эгерде уялса үй алып чыгып кетээр деди эле Дастан дароо эле:

- Ал үйдү сатыш керек, - деди.

- Сен дагы тагаңды тартып акчага жакын экенсиң, - деди Адил, - Сенин, менин балдарыбыз өсүп жатпайбы, бириси жашаса болбойбу, алар убактылуу жашай беришсин, үй салса анын зыяны жок аны ким болсо дагы мындай заман болуп турса батирге берсе болот, туурабы?

- Кийинки куйруктан мурунку өпкө дегендей азыркы баа менен андагы баа бирдей болбойт да, - деп жылмайды Дастан, анын оюнда үйдү сатып өзү билмек. Ошентип Адил болбой койду: "Кыялдары бүт атасын тарткан кызык менин атам кандай адам болду экен, жапжашында өлүп калыптыр, апам байкуш деле билбей калгандыр", - деп көпкө ойлонду, Дастанды Гүлина кайра-кайра жиберип үйдү саталы дей берди, Жамийла менен Адил болбоду, акыры Дастан аларга билгизбей тагасына келди:

- Тага, мен үйдү сатам бошотуп коюңуз.

- Неге эжем айтпады, телефон чалбайт беле?

- Үй менин атамдыкы, өзүм билем, - деди Дастан орой.

- Азыр, мен эжеме чалып сүйлөшөйүн, - Камил Жамийлага чалып кулагына тосту, - Алоо эже, Дастан үйдү сатам деп келиптир, ооба-ооба, билбейм менин атамдын үйү деп болбойт го балаң, мейли эртең келесиңби, ооба ошентейин, - деп өчүрдү да, - Ой жээн, апаң өзү келмек болду, анан көрөсүң, - деп Камил ары басты, жини келген Дастан унаасын көздөй бат-бат басып бара жатты. Гүлина ага: "Акеңдин атасы бөлөк болсо, сен өз атаңдыкына өзүң ээ болбойсуңбу, барып өзүң сатып жибер да", - деп кулагына куйган эле: "Ал үйдө мен член катарымын, атам жок болгондон кийин апам чечет, ансыз биз үйдү сата албайбыз", - десе болбой жиберген болчу.

Эртеси Жамийла түз эле Дастандын үйүнө түштү, Гүлина жок болчу, эки баласына баккыч аял жалдап алыптыр, бири төрттө, бири эки жаш, Дастанга телефон чалып тез келип калуусун өтүндү. Гүлинага чалса өчүк экен, бир эки сааттан кийин Дастан келип апасы менен жаркылдай учурашты, эки небереси анын алдында ойноп жатканын көрүп: "Апам жакшы эле карамак, эмнеге Гүлинага апам жакпайт, дурус эле аял го, менин апам, эркелетип өстүргөн өз энемди эмнеге ал жактырбайт", - деп ойлонуп калганда Жамийла:

- Отур, жумушуңар кандай? - деди.

- Жакшы эле апа.

- Эмне акчадан кыйналдыңбы, атаңдын иштерин жүргүзүп жатасыңбы?

- Ооба, баары эле ойдогудай апа, - Башын жерге салды.

- Анда эмнеге үйдү сатам дедиң? - Жамийла ага тике карады, - Үйдү сатуу үчүн сен, Дана менен Адил жана башкысы мен болуп кол коймоюн бир сени менен чечилбейт, эмнеге өзүңдү-өзүң билип бара жатасың ыя, азыр акчага көпсөң кийин бул кейпиң менен бир сомго зар болуп калышың мүмкүн, адам барасаттуу анан ток пейил болуп, барга да жокко дагы бирдей болгондо гана адам байлыкты укум-тукумуна чейин жеткирет, оңду-солду чачып достору көбөйүп оюн-зоокко чачсаң бир күнү ачка каласың, - деди Жамийла.

- Апа, эми бирөө жашаганча ал үйдү сатып ийгенибиз жакшы го?

- Сатылбайт, сен менин атамдын үйү дегениңди токтот, бөлүнбөй жүр балам, Адилди агаң катары сыйла, мен экөөңөрдү тең төрөп эмчек сүтүмдү берип, мээримимди төгүп өстүргөнмүн, мындай кыял атаңдан калганын билем, ал дагы Адилди өгөйлөп жүрүп өттү, сен анте албайсың, анткени экөөңө тең калыс болчу энеңер мен бармын, эгерде мени кечип кетсең анда үйүңдү сат да каалаганыңды кыл, бирок мени апам эле деп кайрылып барба, өлсөм топурак салба! - деп ордунан турду, - Баса бир чечимге келип сатам десең мен сага кол коюп берем! - деди да үйдөн чыга жөнөдү.

- Апа, отуруп чай-пай ичпейсиңби? - Дастан артынан чыкты.

- Сен бир чечимге келип эне катары сыйлайсың же кечип кетесиң, эгер менин балам болуп калсаң анда чайды ошондо ичем! - деп болбой кетип калды. Дастан дел болуп туруп калды: "Ай ушу ээрчимелигим жаман, ким айтса ошону туура көрө берем, Гүлинанын тилин алам деп апамдан ажыраймбы", - деп башы ката аялына телефон чалды эле ал өчүрүп коюптур, кыжаалат болуп кирип чыгып жүрө берди. Жамийла Данагүлгө чалды эле ал дароо эле үйгө кел деп чакырды, анын жашоосу бир башкача, колунда жаш баласы бар, күйөөсү жумушта, ак үйдө кызматкер болуп иштейт, жаш кадрлардын бири. Жамийла кызы менен кең-кесири сүйлөшүп чери жазылып кыз-күйөөсүнүн сыйын көрдү, эртеси эми кетмек болуп жатып Данагүлгө Дастандын кылыгын айтты эле ал агасы менен сүйлөшмөк болду. Ошол кезде Дастан Жамийлага чалып чакырды эле, Данагүлдүн машинасы менен барышты, Гүлина үйдө экен. Алардын келгенин анча сүйө бербеди, Дастанды өзү билип алганга ага акшыя карап айт дегендей болду, бирок ал сөздү баштай албай жер карады.

- Балам, мен сенден чечимиңди күтүп жатам, - деди Жамийла, Ал Данагүлдү сүйлөбөй кое тур деп белги берди.

- Апа, - деди Гүлина, ушул бир үй үчүн эле балалыктан кечип жиберет белеңиз, бизге акча керек болуп жатат, үйдү сатып өз бөлүгүбүздү гана алабыз го?

- Гүлина, үй деген адамдын өткөнүн, ал үйдө булар төрөлүп өстү, атаң экөөбүздүн көп эмгегибиз бар, дачадагы малдан бирди алган жокпуз, кандай эле силерге эчтеке жетпейт?

- Эми балдар турат...

- Данчик, сен айт кана үйдү сатканга чечим кылдыңбы? - деди Жамийла уулуна өктөм.

- Апа, үйдү сатуубуз керек, же Гүлина экөөбүз ажырашуубуз керек!

- Эмне? - Жамийла экөөнү алмак-салмак карады.

- Аке, толгон мал турат го, акчаны эмне кыласыңар? - деди Данагүл.

- Кыз киши үйү бөлөк болгондон кийин киришпейт, - деди тастаңдай Гүлина, - Биз дагы керек үчүн айтып жатабыз да.

- Гүлина, - деди ачуулу Жамийла, - Сен качантан бери бийлик кылып калдың, кыз кишини төркүнү сыйлайт, эби келсе кыз дагы киришүүгө акысы бар, антип Дананы какпа Адил менен Данчиктин жалгыз карындашы экенин унутпа! - деди да Дастанга кайрылды, - Балам, сен үйдү сат, бирок бир шарт менен.

- Кандай шарт? - дастан алаңдай карады.

- Дачадагы малды Адилге өткөрүп бересиң, мен бүгүн барып баарын көрүп келем, анан сага уруксат беремин, - деп өйдө болду эле:

- Апа, ал дачада мал жок, - деди Дастан нымтырай.

- Мал кайда анан?

- Кайнатамдар багып беребиз дешкен...

- Эмесе ошол топоз менен уйду, букаларды, баары биригип элүүдөй бодону, жүз койду, эки бээ менен алты атты дачага алып келип кой!

- Алар эмне жеп коймок беле? - деп Гүлина тыбыраңдады, ошентип Гүлина күйүп-бышып жатты, ал күнү Жамийла калып калды, Данагүл Дастан менен жеңесинин артынан түштү, бир кезде Гүлина күйөөсүнүн унаасынан түшүп таксиге отурду, Данагүл анын артынан кете берди, телефон чалса занит, бир кезде мейманканага кирип таксини кетирип жиберди, артынан жашырынып кирип бара жатса мейманканага киргенден кийин эле телефону менен сүйлөшө баштады:

- Асик, кайненем баарын өлтүрдү, ооба ал маңбаш өзү чече албайт да, жок дегенде эки бука сатып кете бербейлиби, макул анда мен сени күтөм, - деп өчүрүп 17-жетинчи эшикти ачып кирип кетти, Данагүл акыры аларды кармап алды, көрсө Гүлина башка бирөө менен жүрүп алып малды да адаштырып, үйүн саттырып туруп өзү Америкага кетмек болуп калган экен. Жамийлага чалып чакырып мейманканадан таап алып анын жалдырап ыйлаганына карабай төркүнүнө алып жөнөдү, Дастанды дагы ошол жакка чакырды. Баары белгилүү болгондон кийин Дастан балдарын апасына берип, бүт малын кайра дачага алып келип алды да Гүлина менен ажырашты, аны энелик укуктан ажыратып койду. Ошентип Жамийла кичүү уулун дагы өз колуна алып бапырап жашап калышты. Баарынан көңүлү калган Дастан али бойдок, качан өзүнүн көңүлүнө туура келгенде үйлөнөөр, Адил болгону Жекшенди өз ичинде али жек көрөт, тилеги атасынан бала калып өгөй атага кор болбосо деп ойлойт.

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться