Айгүл ШАРШЕН


"Түштөгү аян"


Тасмадай сызылган узун, баш аягы сезилген узак жолдо телмире зымыраган таксинин терезесинен аппак карлуу тоолорду тиктеп санаанын жетегинде суз кетип бара жатты Айкан. Ал ушул сапарында жол тартып бара жаткан себеби таптакыр башка эле, ооба мурун көңүлү куунак болуп ар бир келгенинде эки жакты суктана карап, бул өмүргө келгенине ыраазы болуп, өмүрдүн жеткен чеги эмне менен чектелип, кандай бүтөөрүнө эч качан көңүл буруп ойлонбогон экен. Көрсө адам өмүрүнүн жашоосуна чагылгандай чарт-чурт этип "өлүм" деген кулакка жагымсыз, бүткөн бойду селт эттирген суук сезим анын жан дүйнөсүнө бүлүк салып, "Аттиң, адам өмүрүнүн башталышы кандай байкалбай келсе өлүм да ошондой эле билинбей келет тура, тирүүлүктүн ар бир күнү майрам деген чын белем, кыштын кычыраган аяздуу күнү дагы тирүү адам үчүн кооз да сулуу да көрүнөт экен, кечээ гана мен кыштын кыраан чилдесинде жол тартып дартыма даба болчу арга издеп жолго чыгам деп ойлодум беле, бул армандуу күндөрдүн аягы канчага созулуп, кайсыл күнү жандай көргөн балдарымды таштап чын дүйнөнүн эшигин аттап, бул дүйнөдөн кайып болоор экенмин", - деп оор дем алып ошону менен бирге эле жанын жаралап турган сары санаага кайрадан чөмүлүп бара жатты... Айкан эки-үч айдан бери бир аз ооруп жүргөнүнө көңүл бурган да эмес, качан гана кыйналганда оорукананын эшигин аттады. Мынчалык болоорун сезген эмес эле, аялдар врачы аны көңүл бура карап башын чайкай:

- Сиз онкогинекологияга барып көрүнүп келиңизчи, - деди сыпайы гана, Айкан аны түшүнө бербе суроо узатты, анткени онкологиянын дарыгерлери айыкпас дартты аныктаарын билчү.

- Эмнеге, силер дарылай албайсыңарбы?

- Жок, сиздин ооруңуз онкологический дартка окшош, аныкташып анан таза болсо бизге жөнөтүшөт.

- Макул, - Айкан ичинен санаага чөгө бөлмөдөн чыгып ойлуу парк жакты көздөй бара жатып киоскадан гезит алды, аркы-терки өтүп жаткан элдерге көңүл бурду, ар кимисин көрүп алардын көңүлдөрү куунактай сезилет: "Адамдарды сыртынан билип болбойт эмеспи, мен сыяктуу жүрөгүндө кыжаалат ою бары да, өмүргө тойбой баарына кайыл болуп турганы менен жашоодон тажап турганы да, бактысы жанып, ар бир мүнөтү бактылуу сезимдерге бай болуп дүйнөдө өзүн чексиз бактылуумун деп турганы дагы ушул адамдар го, чиркин десеңчи", - деп оор улутуна паркка барса орун жок, жаштар эки-экиден отургучтун карга толгон орундукту тебелеп кырына отуруп алышкан, кээси бош болгону менен кар үстүнө отуруу кыйын, ары жакта наристелер ойноп жүрүшөт, кандай гана бактылуулук, адамдын эң бактылуу кези ушул экен го, өмүр менен өлүмдөн эриш-аркак болоорун сезбеген, бул дүйнөдө бир күнү кубанычка бөлөнсөң бир күнү кайгы касиретке кабылаарын ойго албаган наристе кезден өткөн назик, таза дил болбосо керек. Көпкө басып жүрүп анан батирине баса берди Айкан, ал врачка бараарын балдарына айткан деле эмес.

- Апа, ооруп жатам дейсиз да суукта эмнеге сыртка чыгасыз? - деди кичүү кызы Жанат.

- Иштерим бар да кызым.

- Андан көрө врачка көрүнсөңүз боло.

- Эчтеке эмес, өзү эле жакшы болуп кетет, дары ичип жатам го, - Айкан өзү жатчу диванга отура кетти, батирдин иши батир эмеспи, бир бөлмөдө эптеп жашап келишет, кире бериштеги бөлмөдө күнүмдүк урунчу идиш аяктары турат.

- Кечээ этиң ысып жаман болдуңуз, эртең көрүнүңүз.

- Макул, бирок менин эч бир жерде каттоом жок да, көрөөр бекен?

- Көрөт эле.

- Барып көрөйүн, - деген Айкан: "Анкологический дартка окшоп турат, эгер таза болсо бизге жөнөтөт", - деген гинекологдун сөзүн жазып берген жолдомосун эстеп телевизорго тигиле жатып калды, бирок түбү жок санаа аны курчап алган эле: "Балким жеңил эле чыгаар, билинбей ооруганын артта калып ооруканага деле көрүнбөй коермун", - деп ойлонуп жатып денеси от менен жалын болуп чыкты, дары ичкенге болбой түнү бою калтырап кан кетип чыкты, эртең менен бир аз жакшы болуп калганга: "Кечээ суукта жүрүп калганга ооруп калдым окшойт, өтүп кетет", - деп балдарына билгизбей дагы дарыдан ичти, бирок кан кеткени токтободу.

Ошол түнү дагы калчылдап буту-колу таштай муздап чыдабай калганда кызын ойготту, эки кызы тең үрпөңдөп тура калып бири укол салдым, дары ичип коланын идишине ысык суу куюп бутума коюп ороп койду эле калчылдаганы басылып жарым сааттан кийин мемиреп уйкуга кирди. Эртең менен Жанат менен Санат аны врачка өздөрү алып бармак болуп кеңешишти да Жанат бирге бармай болду. Аларга сыр билгизбей узиге түшүп анан гинекологдун кабылдамасына кирди:

- Сиз онкологияга барыңыз, анализдериңизди өздөрү чыгарат, - деди ал гинеколог.

- Эмнеге, сиздер дарыласаңыздар болбойбу? - деди Жанат.

- Кызым, бу эженики онкологиялык оору, биз дарылаганга болбойт.

- Жарайт, жакшы калыңыз, - деп Жанат Айканды колтуктай эшикке чыкты.


- Жүрү апа, онкологияга баралы, - деди Жанат.

- Жок, баса албай ооруп турам, эртең барайын, ансыз да мага алагды болуп жумушуңдан калдың.

- Жумуштан калсам мейли, сиз оорубаңызчы, - Жанат ыйлап ийчүдөй болуп апасын колтуктады, - Күн өткөн сайын көбөйүп кетпесин, жүрүңүз эрте.

- Кеч болуп калды, эртең өзүм эрте чыгам.

- Билесизби?

- Билем.

- Макул анда, - деп Жанат апасын колтуктап аялдаманы көздөй жөнөштү, экөө ашыкча сүйлөшпөдү, эки гинекологдун айтканы бирдей чыкканынан улам Айкандын көңүлүндө бир башкача ой-санаа жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды: "Чын эле айыкпас дартка чалдыктымбы, кудая тобоо же бир айта турган оору болсо экен, кай жериң ооруйт дегенге айтуудан тартынасың, билинбей жүрүп ушунчалыкка жеткен экенмин да", - деп ичтен сыза батирге келип жата кетти, Жанат жолдон жумушуна түшүп калган. Санатанын үч баласы бар, күйөөсү жок, ооруканалардын биринде санитарка болуп иштейт, Жанат тигүүчүлүктө, ал дагы турмушунан ажырашып алган, үч баласы күйөөсүндө, айрыкча боорукер. Эртеси онкогинекологияга барып кезекке туруп талон алып келсе врач эркек экен, аны көрүп кайра чыгып кете албай туруп калды.

- Келиңиз, - деди врач ага жылмая карап.

- Аа-а келдим балам, аяр врач жокпу?

- Мен көрө берем.

- Оо жок, анда башка жакка барам, - Айкан туруп бара жатып, - Талонду бересизби балам? - деди.

- Эже, бул менин талонум.

- Эмнеге? - деп таңгала карады Айкан, ал чынында ооруканага көрүнүп көрбөгөнгө билбейт эле, абайлап врачтын алдындагы талонго караса: "Бейшеев", - деген жазуу бар экен, кайдан билди, уялгандай бурулду да чыгып кетти, анан талон берген аялга келип, - Мага аялдын кабылдамасына берчи кызым, - деди.

- Ага талон жок, - деп чорт жооп берди ал.

- Эртең болобу?

- Жок, Бейшеновага эртеңкиге дагы жазылгандар көп.

- Кызым, мени түшүнчү, баламдай болгон немеге...

- Көрүнө бериңиз да, ал дагы гинеколог, жакшы адис, - деди да башка кезектегилерге карады. Айкан үмүтү үзүлө жолуна түштү, ал сыртка чыгаары менен Жанат телефон чалды:

- Апа көрүндүңүзбү?

- Жок, кезекте турам, - деп дароо калп айтты.

- Ошончо көп бекен?

- Ооба.

- Чыдап көрүнүп келиңиз.

- Ооруп чыдабай турам, кете берет окшойм.

- Айтпайсызбы чыдабай жатам деп.

- Ошого кезек күткөндөр болмок беле, кырктай аял кезекти күтүп турушат, кете берейинчи кызым, эртең эрте келейин, - деп телефонду өчүрө маршрутка күтүп туруп калды, Жанат кайра-кайра чалды эле жооп болбоду, Айкан чыдабай кыйналып жатып унаага түшсө орун жок, аргасыз туруп келе жатканда телефону чырылдай берди, көрсө курбусу Акылай экен, карап көрүп:

- Оо-уу угуп жатам, - деди.

- Кайдасың жолукпайлыбы?

- Өзүң кайдасың?

- Үйдөмүн, келе калсаң.

- Макул барам, - деди да эки көзү орундуктан өтө отургандарды бир сыйра карап тээ төрдө отурган жаш балага көзү түштү, - Балам, орун алмашалы, бул жер сага ылайыктуу экен, - деди Айкан жылмая карап тамашалай.

- Келиңиз отуруп алыңыз, байкабай эле... - Жигит уялгандай тура калды, Айкан эптеп өтүп отуруп жатып алкап жатты:

- Кудай жалгасын балам, кем болбо, жакшы болбодубу, ооруп араң турдум эле.

- Азыркы жаштарда уят деле жок, - деп бир аял сөзгө аралашты, - Айттырбай эле туруп койсо болот да, билмексен болушат тим эле.

- Ошо айтканды дагы уккан балдарга рахмат, мезгилдин өзүнүн өзгөрүшү менен адамдардын да кулк мүнөзү өзгөрөт экен да, анын үстүнө демократия эмеспи, капитализмдин өзүндө жашап жатабыз.

- Заман кандай болгон күндө да кыргыз баласы сыйчыл, ак көңүл, ийменчээк, улууга урмат көрсөткөндү унутпашы керек да, - деди дагы бири, - Биздин улуттун башкы салт-санаасы ошол сыйкордугунда, улуу журт экенибизди унутуп бара жатканыбыз өкүнүчтүү.

- Ошентсе да жакшы балдарыбыз жок эмес, канчалаган кылымдан берки келе жаткан салтты тана алышпайт, улуу журт экенибизди азыркы жаштар далилдеп жатышат, элибиздин уучу кур эмес, - деп Айкан келип калганын көрүп ордунан козголду. Акылай аны жолдон күтүп туруптур. Айкан ага телефондон сырын айтып айыкпас ооруга чалдыгып калдым окшойт деп ыйламсыраган эле, ал өзү менен кошо Назбүнү кошуп алыптыр.

- Келдиңби? - Акылай менен өбүшө учурашты.

- Келдим, неге чакырдың? - деди Назбү менен дагы өбүшүп учурашкан соң Айкан Акылайга карап.

- Сагындым, - Күлүп койду Акылай.

- Кандайсың ой, сени ооруп жатат дегенинен эле, - деди Назбү кезеги келгенде, чынында Назбү Айкандын жакын аяшы болот, кыздары курдаш, анча-мынча каттоолору да бар.

- Бир аз ооруп жүрөм.

- Ай жүрбөйсүңөрбү үйгө, - деди Акылай.

- Кыздарың эмне дейт, жакшы кабыл албайт го?

- Ооба, намаз окуган немелер сүйбөйт ырас эле, ичким келгенде досторумдун үйүнө барып ичем, - деп Акылай күлүп калды, - Алардан коркуп өлүп кетемби, баскыла дүкөнгө эле киребиз.

- Акылай, мен аябай кыйналып жатам, басып жүрүү дагы мага кыйын болду, "өтүң ооруса оорусун, көтүң оорубасын, кай жериң ооруйт десе айта албайсың", - деп бир таанышым айткандай жашыруун жерим ооруганы жаман болду, - Айкан күлүп калды.

- Сени азыр бирөөгө көрсөтөм жүрү, - Акылай алдыга жөнөдү, ал жол боюндагы эле кирпичтен салынган үйгө кайрылып эшигин такылдатты, андан кырктардан ашкан, толмочунан келген ак жуумал аял чыкты:

- Келиңиздер, - деди да өзү алдыга басып бизди кабыл алчу бөлмөнүн эшигин ачты, биз бутубузду чечип анын артынан кирдик, жайланышкан соң Акылай ага мурун макулдашканын айтып бери бурулду. Айкан ага колун сунду кудайга ишенгени менен башынан такыр көзү ачыктарга ишенчү эмес эле, өзү да түшкө абдан ишенет, көп түштөрү туура келген учурлар болгон, колун сунган Айкан: "Тамырдан туура билген адамдан сакаямын, ошондой тамырчы бар болду бекен", - деп ойлоно баштаган.

- Эмнеңиз ооруйт? - деди тиги колун кармабай туруп, дароо эле Айкандын оюна: "Сурап айткан адам кыл тамырчы эмес, мейли көрүнүп көрөйүн", - деген ойго келди.

- Гинекологиялык аялдардын оорусу...

- Аа-а, - деди да колун кармап жатып, - Шакектерди алыңыз, - деп Айкандын колундагы күмүш шакектерди айтты, - Сиз өзүңүздүн заараңыз менен эле дарылана бериңиз, ошондон өтөөрү жок, - деди көптөн кийин. Назбү бөйрөгү ооруп жүргөн болчу, ал дагы, Акылай дагы көрүндү, андан кийин үчөө ээрчише сыртка чыккан соң жеңилдей түштү Айкан.

- Жүргүлө эми, көзү ачыкка болсо көрүндүк, - Акылай алдыга басып дүкөн жакка басты, ал жерден бир бөтөлкө арак менен колбаса, мандарин алып үчөө тостту кезектеше айтып ичип жатышты, бирөөнүн артынан экинчиси, анан үчүнчүсү болуп кызуу болуп калышты:

- Сен эле сакайып кетсең болду, ушул тостту сенин ден-соолугуң үчүн ичели, - деди Назбү тамылжый, сырт суук болгондуктан бут айланбаган чакан дүкөндүн бир бурчунда үчөө, болгондо да улгайган аялдар ичип жатканына киргендер карап коюп жатышты. Ичтерине эчтеке кире электе уялып жаткан үчөө эми бака-шака түшүп ырдап киришти, тооктун санын дагы алып алышкан. Качан гана дүкөн ээси аларга сылык кайрылып:

- Кардарларга тоскоол болуп жатасыздар, - дегенде тамылжый ээрчише сыртты көздөй жөнөштү:

- Рахмат кызым, - деди артында бара жаткан Айкан бурула, андан кийин үчөө үч жакка бөлүнүштү, абдан кызуу болуп үйгө келген апасын көргөн Жанаттын жини келип:

- Өзүңүз ооруп жатып эмнеге ичтиңиз? - деди бурк эте.

- Ээ кызым, мени т-тескебей ж-жайыма к-койгула, ансыз да өллө-өм, - деп Айкан ыйлап кирди, жанат эмне кылаарын билбей кошо ыйлап апасын сооротуп уктатты да түнү бою көзү илинбей чыгып эртең менен таарынганын билгизип жумушуна кетип калды, Айкан эрте туруп дагы онкологиянын эшигине жетти, өчөшкөнсүп регистратурадагы келин ага Бейшеновдун кезексиз ээн-эркин көрөөрүн айтканда ал кетип калды, үчүнчү күнү гана өзү каалаган врачка көрүнүп оорунун кооптуу экенин айтып ооруканага жатуусун айтып:

- Мына бул кагазды алыңыз дагы мен айткан узиге дагы түшүңүз да жатыңыз, мындан ары бизде "учетто" болосуз, - деди, Айкан берген миң сомду сумкасына салып жатып.

- Макул, - деген Айкан сыртты карай бара жатып: "Демек мен рак оорусуна кабылган экенмин да, аттиң ойлогон ой максатымдын үчтөн бири аткарылбастан бул өмүрдөн өтүп, жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө көчөт экенмин да, деги ушул жашыма чейин эмне иш кылдым, кандай жакшылык жасадым, ким үчүн жашап эмне үчүн бул өмүргө келдим", - деп эшикке чыкканда муздак аба чыйрыктырып жиберди. Чынында узиге түшөөр акчасы жок эле, андан эки күн мурун эле түшкөн узинин көрсөтмөсү деле бар, ага карабай түш дегенинен таңгалды. Үйгө келгенче Жанат чалып абалын билди, Айкан келип эле тынчтандырып ооруну жеңилдетчү дарыдан ичип жатып калды. Кечинде эки кызы аны ортого алып акыбалын көрүп чоочуп кетишти, ысытмасы көтөрүлүп калтырай баштаган эле. Укол сайып жылуулап жаап жанына отурду Жанат.

- Апа, өз жаныңда касың барбы, эмнеге ичип алдың?

- Күндө ичип жүрдүм беле...

- Деги да, ден-соолугуңуз таза болсо ичип деле жүрө бериңиз.

- Сыйлап жатса ичип койдум да кызым.

- Эмне деди врач?

- Жат деп айтты, адегенде узиге түш деди.

- Түшпөдүңүз беле?

- Билбейм, дагы түшүүм керек экен.

- Эртең акча таап келем, анан түшүп ооруканага жатыңыз.

- Ооба, жатпасам болбойт, - Ошону менен сөз бүтүп орду-ордуна жатып калышты, Айкан ойлуу телевизор карап жатып уктап калды, түкшүмөлдөгөнү менен дагы деле жаман ойду ойлободу, кээде гана оюна жаман ой келе калганда бүткөн бою дүр этип алганы болбосо анча корккон жок, ойдон күлүк эмне бар, эси дарты жалгыз уулунда, эки кызы кантсе дагы турмуштун босогосун аттап жок дегенде баланын энеси болуп калышты, ошентсе деле алардын үй-жай күтүшүн тилеп кудайга жалынат. Ал эми уулу али үйлөнө элек, шаарда жашаганы менен үстүндө үйү жок, канчалык тытынса дагы бир кепе сала албады, үч небереси менен кызы болуп батирде турушат, эмнеси болсо да бири кем дүйнөнүн кеңдиги бечара адам үчүн тар эмей эмне? Өз үйүң болсо азыркы жаштар айткандай: "Чартаңбай тээп" өз үйүм өлөң төшөгүм деп сары санаасыз жашаганга не жетсин. Айдын аягы келгенде эле батир ээси эшикти чертип "аласасын" сурайт да турат, эртең дедиң балээге каласың, же биротоло чык, болбосо азыр төлө", - деп керсейип турат. Аз калганда кекиртегиңден аш өтпөй батир акысын даяр кылып эс ала түшмөй, бул көйгөй Айкандын да он беш жылдан бери мазасын алып жүрбөйбү: "Кокус болсом арманда кетем го, жалгыз баламды үйлөнтүп баласын көрбөй өлсөм кантем, жок дегенде ушул баламды үйлөнтүп анан өлсөм арман жок эле", - деп ойлонсо таңды атырып ийчү болду, мындайда ооруган жерин дагы унутта калтырат. Эки күндөн кийин кайра узиге түшүп онкогинекологиянын ооруканасына барды, орун жок деп колун жая берген Зарина Мамедованы жал-жал караган Жанат:

- Эже, апамдын оорусу канчалык кооптуу? - деди үмүттүү тиктеп.

- Албетте кооптуу, бирок азырынча орун жок, чалып билип тургула, - деп телефон номерин жазып карматты.

- Ачыгы рак эмеспи?

- Ошончолук эле аныгын билгиң келеби? - деди врач кайра суроо узатып.

- Ооба, аныгын айтыңызчы.

- Эмесе чынын айтайын, бул тактамада ошондой көрсөтүлгөн, рак экенин тастыктайт, - дегенде Жанат көзүнө жаш кылгыра:

- Дарыланса айыгабы? - деди үнү дирилдей.

- Үмүтүңөрдү үзбөгүлө, аракет кылуу керек, - дегенде Айкан ордунан тура жөнөдү:

- Кеттик кызым, - деди да эшикке карай басты, экөө ээрчише ооруканадан кийин көпкө чейин үн катышпай аялдамага карай келе жатышты.

- Апа, жүрү ысык тамак ичип алалы, - деди Жанат.

- Бул жердин кафелери өтө кымбат кызым, анын үстүнө көңүлгө дагы жакпайт, эт алып эле үйгө барып тамак жасаганыбыз дурус го?

- Мен жолдон жумушумда калам, түштөнүү убагы да болуп калды.

- Макул, - Айкан кызынын көңүлүнө карап экөө бир кафеге кирип тамактанышты, анан алаксып ар кайсыны сүйлөшүп үйгө жөнөштү, жолдон Жанат жумушуна түшүп калды, Айкан кыйналып келип жатып калды, аны көргөн Санат:

- Эмне болду апа, көрүнүп келдиңби, жата турган болдуңбу? - деди.

- Орун жок, кабар алып тургула дейт.

- Орун жок деп жатып ого бетер күчөп кетсечи?

- Эмне кылам, колумдан эмне келет.

- Кыйналып, кан кетип жатканын айтпайт белең.

- Айтпай койду дейсиңби, менин жашымдагы аялды карабаса керек, - деди Айкан үмүтү үзүлгөндөй.

- Же колубуздан келбесе, бир туугандарың кабар алып да коюшпады, - Санат ыйламсырай отуруп калды, - Тайнемдерге чалып айталыбы?

- Аларга айтканда эмне...

- Жардам беришсе эмне болот эле, сен бир туугандарым деп эле жүгүрө берчү элең го, өлгөндө ыйлабаса койсун, керек болсо айтпай да коебуз, ушундайда карабаса кереги эмне, - деп бежиреп кирди. Айкандын ата-энеси жашында эле ажырашып кеткен, өз-өздөрүнчө очогу, бала-чакасы бар, таарынычы күч эле, ата-энесинен мээрим көрбөй таенесинин колунда чоңойгон. Чынында аларга үзүлүп түшүп же турмушунан ажырашып кыйын кезде шаарга келип үч баласын жетелеп жүрүп кыйналган учурунда деле кайрылып барып жардам сураган эмес болчу, кийин-кийин бир топ чыгармалары чыгып аты бир кыйла угулуп калган кезде сиңдилерине каттап колунан келишинче сыйлап эле жүрдү, ал эми алар анчалык боор беришпеди. Чынында энелештеринин ичинен Гүкүш деген өзүнөн кийинки сиңдиси боорукер, көп телефон чалып сүйлөшүп турчу, кыйын учурунда бирине дагы катышпай, барганга дагы мүмкүнчүлүгү болбой көп нерседен кабары болгон эмес эле. Кечинде Жанат келгенде:

- Апа, тайнем менен сүйлөштүм, - деди.

- Эмне деп?

- Сиздин ооруп жатканыңызда айттым.

- Тим койбойт белең.

- Кантип, биздин абалыбыз бул болсо, сиз минтип дарыланбай жата берсеңиз эмне болот, баласысыз сиз деле, - деп ыйлагысы келди. Ошентип экөө ары-бери тартышып жатып экөө өз телефондору менен баарына чалып чыгышты, ошол күндөн тартып Айкандын телефонунун жаны тынбай чырылдап жатты, агасы Адиң даны телефон чалып ал-абалын сурап акча жөнөтөөрүн айтты, апасы Салий да чалып сузакта бир жакшы табып чыгып жатканын айтып айылга келүүсүн айтты эле. Айкан таптакыр болбой жата берди, арадан дагы бир ай өткөндө чыдай албай калып жумуштагы кыздарын чакыртып алды, чынында ооруканага жатканда деле акча жок эле, баарын акча чечип турган кезде врачтар маңдайына жетип өлсөң деле карап койбой моргго жеткирип коеору бышык экенин Айкан даана сезип, билип турбайбы. Жанат иштеген жеринен айлык акысын, ага кошуп карызгалап беш миңдей акча таап келди, Салий болсо кайра-кайра чалып чакыра берди, Айкандын жолдо жүргөнгө акыбалы жок болчу, өзү жакшы эле, бир аз басса эле кан кетип жүдөтүп кыйналып, ысытмасы көтөрүлө берчү болгон, тең жардам чакырып врач көрүп керектүү дарыларын берип, укол жазып берип кетти, ошентип убакыт өтө берди, Айкан негедир корккон абалдан өттү: "Жараткандын колундагы пендебиз да, жараткан да жалгаган да кудай, кудаанын кулу пайгамбардын үмөтүбүз, каалаган күнү керектүүсүн алат, менин жашоом маңдайыма жазылган, мен жанталашканда эмне, көрөөр күнүм бүтүп суум түгөнсө ансыз да өлөм, алладан улук эмне бар", - деп тобокелчилик кылып калды, бирок жан дүйнөсүн эзген бир суроо басса турса оюнан кетпей туруп алды: "Эмне иш жасадым, ата-энемди ушул жашка чейин жүрөгүмдөн кечире албай келе жатам, балким мен кудай алдында күнөөлүү болуп жүрбөйүн, жок дегенде балдарыма калкалангандай кепе салып бере албаганым да күнөөдүр, алардын каалаганын аткара албай өтүп кетемби, оо жараткан өзүңдөн улуу эч нерсе жок, күнөөмдү кече гөр, билип-билбей көп күнөө жасаган пенделериңдин биримин, көр пенделик кылсам кечире гөр, өзүң берген дарттын дабаасын өзүң бер", - деп ойлонуп алат. Ошентип бирде ыйлап бирде тобокелге барып өзүн сооротуп жаны кыйналса да жата берди, бир күнү бир тууган бөлөсү Нарын келип калды, сыягы ага дагы Жанат чалса керек.

- Кандай эже, акыбалыңыз жакшыбы?

- Жакшы, өзүңөр кандай жатасыңар, Бактыгүл иштеп жатабы?

- Жатат, өзүңүз кандай, Жанат менен Салий эжем, апамдар чалып сизди ооруп жатат дегенинен эле келе калдым.

- Жакшы элемин, - деп көзүнөн жаш куюла ыйлап жиберди Айкан, - Мен ооруганыма эмес жалгыздыгыма кейийм, бир ата, бир энеден болбогон соң боор беришпейт экен, эгерде ата-энебиз бир болсо ушундайда жанымда болбойт беле бири, - деп зээнди кейите буркурап ийди Айкан.

- Эже кейибеңиз, мен деле ошомун го, Адиң акем экөөбүз апамдын көзү барынан эле катышып жүрөт окшойбуз, жеңемдин кейпин өзүңүз билесиз го? - деп Нарын мени жубатып жатканда Жанат келип калды, алар Нарынды тайке дешчү.

- Тайке, апам айылга барбайм деп жатат, тайнем табыпка алып барам деген, доктурлар жөн эле жубатып коюшту, дарыланганда деле убакыт өткөн сайын ириңдегени күчөп жатпайбы, - Нарынга ыйламсырай карады.

- Кой эже, анда айылга барыңыз, себеп болуп сакайып кетсеңиз ажеп эмес, - деди Нарын.

- Кое тур эми, бирөөдөн акча алат элем, ошону алсам барайын.

- Эртең таксиге сүйлөшүп мен салып ийем, акчаны күтпөй эле кете бериңиз, - Нарын так кесер айтты, - Эжем аяктан акча чогултабыз дешти.

- Макул, - деди аргасыз Айкан. Айткандай эле эртеси Нарын таң эрте таксиге сүйлөшүп туура эле үйгө алып келип жол акысын төлөп айылга салып жиберди, Жанат апасы менен бирге жөнөдү, жол бою эптеп жаны кыйналып турса дагы чыдап келе жатты, кечке маал күүгүм киргенде жете келди, телефондон кабарлашып келип жатканын билген Салий тозуп алып бетинен өөп ары жакта келе жаткан келинине колун жаңсады:

- Ой Элмира, чыныга суу алып чыга калчы!

- Азыр, - деген Элмира алар босогого жеткенче чыныга суу алып чыгып Салийге берди.

- Бар балакеттин баары ушуну менен чыгып кетсин! - деп сууну Айкандын башынан айлантып ары карай төктү да чыныны жерге көмкөрүп үйгө киришти, Айкан мындайды күткөн эмес, бөлөк өсүп анча боор бербей калган, анан дагы ушунча жыл бою эне-баладай мамилелери жок эле. Айкан Салийди эже дейт, апа дегенге көнө албайт эле, эгерде апасына бактырып койгон күндө деле энелик мээримин аз болсо дагы төгүп жакшы мамиле кылса балким оңой болмок беле?

- Жолдо кыйналган жоксуңбу? - деди таежеси, Нарындын апасы, ал сексенден ашып калган кары, көзү да көрбөй калган, Салий менен бир тууган, эркек бир тууганы жок эки кыз эле, Адиң ошол Таажи таежесинин баласы, таенеси Айкан экөөнү бирге багып өстүргөн, экөө бир туугандай, энелеш-аталаштарына караганда ага көп кайрылып сүйлөшүп турат Айкан.

- Жок, жакшы эле келдим, - Айкан орун алган соң жооп берди, ал ичинен: "Неге мурунтан ушундай мамиле кылган жоксуң, картайганда гана сездиңби, ушул балдарыңа мени башынан имерилтип силердин бир тууганыңар болот, сыйлап алгыла, - деп айта жүргөндө мындай болбойт болчу", - деп ичинен сыздап турду. Анткени Күкүштөн башкасы анча боор берчү эмес. Айкандын ичинде өктөө таарынычы күч эле, баары турмушка чыгып үй-бүлөлүү, кыз берип, уул үйлөп калышса дагы аны бир жолу чакырып койбоду: "Кардыма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм", - дегендей өзүн эч кимиси жоктой сезип канча арман кылып, ызадан көздөрү көнөктөй болгончо кыздарына көрсөтпөй ыйлаган күндөрү болбодубу, андан дагы тааныштары жолукканда: "Сенин сиңдиң бизге кудагый болбодубу, эмнеге сени кошподу, бир туугансыңар го", - деп айтканычы. Заматта ар кайсыны ойлонуп кетти Айкан. Аларды келет деп тооктун этин салып тамак жасап коюшкан экен чогуу тамактанышты, көпкө сүйлөшүп отуруп анан жатып калышты. Эртеси кыймылдабай жаткандан тартынып туруп отурду, деги эле кан токтобой жатты, улам Салий менен Таажинин сурактарына жооп берип отура берди, Салий эжесинен он жашка кичүү, жетимиш төрттө, турмуштун оорчулугун тартып тез карыган, жүзүндөгү тырыштар кабат-кабат болуп эжесинин курагындагыдай көрүнөт. Ал күнү туруп анан жолго чыгышты, Сузак районун көздөй жол тартып жол азабы, көр азабы дегендей дартка дабаа издеп кетип бара жатты. Сузактын Жийде деген айылына саат төрттөрдөн өткөндө жетип келишти. Жийде айылынын четинде, адырлардын этегинде жайгашкан чоң коргондун эшигине такси менен барышканда кароолчу чыга калды:

- Балам, биз табыпка келдик эле, - деди Салий түшө калып.

- Эне, ал эки күн келбейт, жума күнү келиңиздер.

- Биз алыстан келдик балам, ушул жерден күтөлү, орун болсо...

- Азыр орун жок, элдер бар, - деди кароолчу моюн толгой, ошондо бизди алып келген таксисттин жанындагы милиционер жигит түшө калып аны менен сүйлөштү эле, - Үйү бул жакта, барып өзүнө жолугуңуздар, - деди саал жумшара. Кайра таксиге отуруп коргонду айлана жолго түшүп айылга кирип Шавхад дегендин үйүн издеп бат эле таап алды, Салий дагы түшө калып:

- Токтогулдан келдик эле, тигил кызым атайы Бишкектен келген, бизди көрүп кой айланайын, - деп жалдырап ийди.

- Жарыктык, мен бүгүн эртең көрбөйм, жума күнү келсеңер болмок, - деп кыйылып туруп, - балдарга айтсаңар силерди жайгаштырат, - деди. Бирок таксист менен барганында кыйылып жатып зорго кабыл алды, анан Салий таксини кетирип жиберип эскилиги жеткен керебеттеги тытылып калган матростун үстүнө Айкан экөө отуруп калды.

- Азырынча отура туруңуздар, плита коюп берем, бат эле жылып калат, - деп чыгып кетти.

- Ушул жерде үч төрт күн кантип чыдайбыз? - деди Айкан.

- Балам, арга жок чыдайлы, сен сакайып кетсең болду да.

- Мейли эми, эми жүрсө болду, - Айкан улутуна отуруп калды.

- Мына эже, бул плита бат эле жылытат, чайнекке чайды коюп койсоңуздар бат кайнайт, биздин шарт ушундай, - деди Доорон.

- Рахмат айланайын, эптеп эле турсак табыптын дартка дабаа болуп кеткени гана керек балам.

- Эми эл билет, канчалаган эл келип кетип жатат, биринчиден кудай эмеспи, - деди Доорон.

- Бул жер организациябы? - Суроо узатты Айкан.

- Ооба, бул вино чыгарчу завод болчу, азыр жөн гана сактоочу жай.

- Бир кишиге тиешелүү го?

- Албетте, мурун бул жерден "Кагор" виносу чыкчу, ошол убакта эле иштечүбүз, эми минтип кароолчу болуп иштейм, бала-чаканы да багыш керек.

- Туура айланайын, - Салий сүйлөшүп көнгөнгө ага ынтаалуу карады, - Тигил бөлмөлөрэндө бошу жокпу балам.

- Эне, бир бөлмөдө үй-бүлөө турат, биринде ата-бала...

- Балам, бизди ошолорго кошуп кой айланайын, эркектер болсо деле жылуураак болоор.

- Азыр, мен аларга сүйлөшүп көрөйүнчү, - деп Доорон сыртты көздөй жөнөдү, көп өтпөй эле кайра келди, - Жүрүңүздөр алар да каршы болушкан жок, бир керебет киргизип берем, - деп айтканда Салий менен Айкан анын артынан жөнөштү, эки кабат эскирип калган имаратты айлана басып артындагы эшиктердин бирине кирди. Эки керебетте бири отуз бештердеги бир жигит, жетимиштердеги бир чал отурушуптур. Алар менен баш ийкеше учурашкан соң туруп калышканда Доорон бир жигит менен керебет көтөрүп киришти, ал керебетти эптеп коюп берди эле эскилиги жеткен матростун үстүнө ала келген одеалдарын төшөп, пальтолорун баштарына коюп орун алышты.

- Байбиче бул сиңдиңби? - деди тигил чал бир аздан соң.

- Ооба, сиңдиси болом, - Айкан озуна Салийдин мурда жооп бере салды.

- Жакшы, кандай оору менен келдиңер эле?

- Экөөбүз тең көрүнөбүз, мен мурда эки жолу келгенмин, бул Бишкектен келди, табы жок, - деди Салий, ал Айкандын сиңдисимин дегенине таарынгандай түрдө эле, аны Айкан түшүндү, унчуккан жок, - Сизди мурун келгенде дагы көрдүм эле, көрүнүп жатасызбы?

- Мен уулумду алып келгенмин, авариядан кийин баспай калды эле, эми саал жылыш болгондой...

- Эм болуп кетсин эми, алыстыгына карабай ушул суукта дартка дабаа издеп келип жатпайбызбы, шыпаасын берсин эми кудай, - Салий Айканды карап койду.

- Аа-ха-ха-а, баарыбыз ошону үчүн ушул жерде отурабыз да-а, - деп ал киши шыпшына мурутун жанып колдорун ушалап койду.

- Үйлөнгөнсүңбү Эрман? - деди күтүүсүздөн Айкан.

- Ооба эже, бир уулум бар, - Эрман сабыры суз жансыз селейген буттарына көз жүгүртө жооп кылды.

- Келинчегиң үйдөбү?

- Жок.

- Кетип калды беле?

- Ооба, - Эрман саамга үн катпай отуруп калды да кайра жүзүнө күлкү орной жаадырай карады, - Эми кайра-кайра чалып жарашалы деп жатат, мен али жооп бере элекмин.

- Каталыгын түшүнгөн го?

- Ошондой, бирок жүрөк муздап калат экен...

- Балаңар бар тура.

- Ошол үчүн так кесер кыла албай жатам эже.

- Өкүнбө, башкысы ден-соолугуң жайына келип түзөлүп кетсең баары ордуна келет, - деген Айкан унчукпай калды: "Ооба, ден-соолук үчүн ушул жерге келип олтурам го, деги ушул кунарсыз, муздак бөлмөлөрдө жаткан мүнөттөр бир кезде эсимден кеткис кубанычтын күбөсү болсо кана, алла-тала насип кылса ушул күндөрүмдү тизмектеп китеп кылсам атаганат", - деп ичинен улутуна жүрөгү тыз этип кетти.

Ал күнү эптеп Салий менен Айкан бир керебетке баш-аяк болуп эптеп жатып чыгышты, Айкан эрте туруп даарат алды да Бишкектен бул жакка жөнөөр түнү көргөн түшүн эстеди, негедир ошол күнү эти ысып күйүп дары ичкен соң өзүнө келе көзү илинип кеткен экен, уйку-соонун ортосунда босогодон бир киши кирип келип эле колундагы бир буюмду берип кайра жоголуп кетти, бирок ал Айкандын көз алдында калды, кашка баш, бою орто улгайган адам эле, андан кийин көпкө уктай албай жата берди, ошол түш эсине келгенде бир жылуулук сезим жан дүйнөсүн аралап өткөндөй болду: "Ээ кудайым, дартыма дабаа издеп жолдун узагына мезгилдин ызгаарына карабай ашуу ашып жол басып келдим, өзүңдөн улук жан жок жаратканым, дартыма дабаа, илдетиме шыпаа болчу себепти өзүңдөн сурайм", - деп ойлонуп бөлмөгө кирди, ошол убакта саат бештерден өтүп калган, коргондун эшиги ачылып унаалар келип токтоп жатты, баарынан кызыгы ирең-бараңда ошол жерге алтымыштардан өткөн адам ар нерсени алып келип сатат экен. Себеби киши көрчү табып кандай адам болбосун кайнатылган сууну муздатып баклашкага куйдуруп, бирден вазелинди дубалап берет экен. Айкан буларды билген соң негедир ирээнжип кеткендей болду, башынан мындайга ишенбегендиги түрткү болгон сыяктуу. Келип токтогон унаалардын саны отуз кырктай болду көрүнөт, чынында ар бир унаа токтогон орунга жыйырма сомдон төлөсө сатуучусу элге керектүү вазелин менен адырашман, суукта ичкенине ыссык кофесин сатат экен: "Балким бул жөн эле бизнес болсо керек", - деп ойлоп алып кайра: "Кечире гөр кудайым, кесир сүйлөп алдымбы, ишенбегеним өзүңө маалымдыр, анткени пенденин баарын өзүң жараткансың, ошондуктан ишенээрим, таянаарым бир өзүңсүң, улуктугуң үчүн өзүңө гана баш ием", - деп өз оюнан кооптоно жараткандан кечирим сураган болду. Ошол кезде эшик ачылып дал түшүндө көргөн адамдай кашка баш, алтымыштардагы адам кирип келди:

- Ассало-ому Алейкум! - деп Эрмандын атасы салам айтты.

- Алеки Салам, кана даярсыңарбы?

- Даярбыз, - дегенде Эрман жакка өттү:

- Бүгүн кандай?

- Жакшы, жылуулук келип калды.

- Мен ошону билгенмин, жылуулук жибергенмин, буйруса менден эмес алладан, сакайып кетесиң, - деп буттарын сылап-сылап оозун күбүрөтө калып үстөл үстүндөгү оозу ачылып турган идиштердеги сууга "сү-үф", "сү-үф", - деп коюп Айкандын жанына келди, - Сиздики кандай оору?

- Мени аялдардын айыкпас оорусу экен деген, - Айкан үлдүрөй жооп берди.

- Аа-а эчтеке эмес, - Ал көзүн жумду да колун Айкандын ичине аста коюп саамга күбүрөп турду да бутунун башына чейин сыдырып чыкты, - Биз ооруну алып кеттик, кетти-кетти... Анан шарт көзүн ачып, - Сакайып кетесиз, мен кайра келгенче тынч жатыңыз, - деди да чыгып кетти. Ошол бойдон сырттагы кырктан ашык унаадагы адамдарды көрүп келгенче жатты. Сааттай убакыт өткөндө кирди да дагы жанагысын кайталады, андан кийин көпкө сүйлөп туруп анан жанындагы балага акчаны берген соң кайырлашып чыгып кетти, ошол күнү Эрман атасы экөө үйүнө кетти, үстүңкү кабаттагылар дагы кетип Салий менен Айкан экөө эле калды, кароолчусу ары басып, бери басып жүрөт, бир кезде терезенин тушунан ийинине мылтык көтөргөн үчөө өтүп кетти эле Айкан Салийге карады:

- Эже, мылтыкчандар кирди да?

- Кирсе кирет да.

- Жакында эле өзбек кыргыз урушу болуп өттү эле, экөөбүз бул жерде жалгыз жатсак өлтүрүп кетпейби?

- Тийбейт чыгаар, - деп Салий арсар сүйлөдү, деген менен ал деле кооптонуп турган өңдөндү.

- Ишенич жок эже, коргондун айланасы бүт эле өзбектер экен, түндөсү кантебиз?

- Коркпо, бизге эмнеге тиймек эле?

- Акчасы бар деп ойлошот да.

- Ким билет? - Ошол убакта Доорон кирди, колуна идиш аяк менен чайнек көтөрүп алыптыр:

- Мына буларды уруна бериңиздер, эми башка келет, мен кетем.

- Ээ балам тиги мылтыкчандар биякта эмне кылып жүрүшөт?

- Алар паранда менен коен атып кетишет, зыяны жок.

- Ии-йи, ошондой эле болсун, - Салий эс ала түшкөндөй көңүлү жайланып отуруп калды, - Биз коркуп жатпайлыбы.

- Коркпой эле коюңуздар, уруш болгон кезде дагы бул айылдагы өзүбектер кыргыздарга кошулуп кеткен, - деди Доорон.

- Анда дурус экен.

- Эже, бул жердеги өзүбектердин баары эле кыргыздар менен кудалашып, мамыр-жумур болуп калышкан да, бири күйөө баласы болсо бири кызы, неберелери кыргыздын балдары, демек эч качан бөлүнө алышпайт, эч коркпогула, жакшы жатыңыздар, - деп ордунан туруп бөлмөдөн чыгып кетти.

- Жакшы бар айланайын, - Салий чын ниетинен ыраазы боло отуруп калды, аздан соң Айканга кайрылды, - Кичине бир нерсе сездиңби?

- Ой эже, заматта эле билине коймок беле, - Айкан жактыра бербей карады, - Эми жүрүп кетсин эми.

- Ошентсе экен, эптеп эле сакайып кетсең болду эле...

- Мен деле ошентип тилеп жатам.

- Тиле, кудайдан не тилесең ошону берет.

- Ооба, кудайдан башка ишенээрим жок.

- Качан болсо арман кылып басып жүрөсүң, мен ошону үчүн сени өзүм ушу табыпка алып келип көрөйүн дегенмин, мындан көптөр сакайып кетип жатыптыр, кудай кулум десе сен дагы сакайып кетесиң, - деген Салий бул табыпка чын дили менен ишенип турганын билдирди, эмне демек эле, карыган неменин көңүлүн сууткусу келбеди, үн дебей отура берди, оюнда: "Кантип эле "сүф" дегенден ушул айыкпас дарт айыгып кетсин, балким магиясы болсо убактылуу басылаар, кудай эмес го акыры, аны дагы кудай жараткан эмеспи, баарын жараткан өзү жасаган кандай кылаарын өзү билет, көзү ачыкпы же молдобу, табыппы же кара магияны катуу билген адамбы, баары алланын алдындагы алсыз пендебиз да, менин үмүтүм кудайда гана", - деп ойлонуп мелтиреп отуруп калды.

- Кароолчусу кечикти, дүкөнгө жиберип тамак-аш алдырып алат элек, - деди Салий көптөн кийин.

- Келип калаар.

- Кечигип жатат го.

- Кароолчулары бирин күтпөй кете бергени жаман экен.

- Уурдай турган эчтекеси жоктур да.

- Эже, бул жерде вино сакталат экен, ал деген бир бизнесмендин товары, продукциясы да, ошол үчүн кароолчу коюп айлык төлөп жатса булар кайдыгер карагандары болбойт.

- Бизге анын эмне кереги бар, жумага чейин эптеп турсак үч-төрт күн көрүнсөң анан кетебиз, негизгиси шыпаа тилей бер балам, - деп Салий айтканда Айкандын кулагына анын "балам" дегени өөн учурады, баам сала жүзүнө тигилип көпкө карады: "Неге мени мурунтан өзүңө тартпадың, мен дагы өзүңдөн кийин картайып бара жатам, жаман-жакшыны көрдүм, ачуу-таттуунун даамын таттым, башымдан өткөн жагымсыз окуялар менин жүрөгүмдү муздатып, таштай катырды, көңүлүмдү оорутту, кең шаарда балдарымды ачка кылбас үчүн не деген ишти жасабадым, ошого карабай башымды өйдө көтөрүп, бул мага кудайымдын берген сыноосу гана, көтөрүүм керек, - деп кайырчылык гана жасабадым, темир тердим, алюмин-медь чогулттум, эркектер көтөрбөгөн жетимиш килдик темирди жонума көтөрүп жүргөндө көзүмдүн жашын төккөн күндөрүм эсимден чыксын, ошондо дагы атамдын же сенин алдыңа барып мүңкүрөп жардам сурабадым. Кайра чыйралып алар менин ушул абалымды көрбөсүн, мен бул күндөрдү эптеп өткөрүп жакшылыкка жетүүм керек, - деп өзүмө-өзүм дем берген учурум болбодубу, мен эне дегендин мээримин алда качан унутканмын, кеч калдың эже, сен менин жүрөгүмдө эже боюнча гана каласың", - деп телмире карап турду. Көп өтпөй эле винзаводдун мөөнөттөгү кароолчусу келди, ал келгенден кийин Салий ага:

- Уулум, жакын жерде дүкөн болсо бизге тамак-аш, эт болсо алып келип бере аласыңбы? - деди Салия.

- Бир аздан кийин барайын эжеке, эки жакты карап коеюн.

- Макул, - деди да акчасын алып чыгып бөлүп кирди. Көптөн кийин Шүкүр акчаны алып жөнөдү, ал кеткенден беш-он мүнөт өтпөй эле бир өзбек жигит келди, ал Шүкүрдү сураганынан жок экенин айтты эле кайра унаасын айдап кетип жарым сааттан соң дагы үч өзбек баланы ээрчитип келип кароолчунун бөлмөсүнө кирип алып бакылдап жатышты, Шүкүрбай кечигип жатты, кечке маал болуп калган, Айкан Салийга карады:

- Эми эмне кылабыз эже, бүт өзбектер экен, биздин жалгыз экенибизди билсе коркутпайбы?

- Жөнчү, корко берет экенсиң да.

- Сен корккон жоксуңбу?

- Коркпойм этпейм, эчтеке кыла албайт, - дегени менен ал деле ичинен кооптоно баштаган эле, сыр билгизбей керебетке жатып калды.

- Караңгы кире электе айылдын элине түшүндүрүп бүгүнчө түнөгөнгө жай таппайлыбы, Шүкүрбай жоголду го?

- Кое тур эми, келип калаар...

- Эмнеси болсо дагы көрдүк да, кудай берген жанды кудай өзү алат, темир сандыкка катса да мөөнөтү келсе алып кетет да, - Айкан муну менен өз дарты жөнүндө кошо сүйлөдү, - Кайдан жазат буйруса дагы кудайдын буйругу менен болот дешет го, кудайсыз кумурсканын буту сынбайт деген чын да, - Айкан дубалды карап жатып алды. Айлана күүгүмдөнө баштаганда:

- Айкан, жүрү качалы, чын эле тигилердин кетээр түрү жок го, же сүйлөшүп алышкан го? - деди Салий жаткан жеринен өйдө боло.

- Эми кайда барабыз, суук болсо кычырап турат, чыга бериштен экөөбүздү кармап алышсачы?

- Анан эмне кыл дейсиң, тиги короонун ичиндеги темирлердин артына бекинип турбайлыбы.

- Заматта тоңуп өлбөйлүбү.

- Анда кандай кылабыз.

- Жарыкты күйгүзбөй эшикти илип алсакчы?

- Илгичи жок го?

- Көрөйүнчү, - Айкан туруп барып каалганын илгичи бар экенин көрүп кубанып кетти, - Бар экен, эми коркпойбуз, - деп илип коюп көңүлү тына жатып калды. Экөө тең үндөбөй калды, канча убакыт өткөнү белгисиз, бир кезде эшик тыкылдады.

- Ким? - деди Салий үрпөйө, экөө бири-бирин карап туруп калышты.

- Мен эле Шүкүр.

- Ии-йи, - деп эс ала түшкөн Салий эшикти өзү ачты.

- Сиздерге эмне болду? - деп Шүкүр кирип келди.

- Эмнеге кечиктиң балам, сенин бөлмөңдө...

- Алар менин досторум, мен сменге келгенде дайыма келип балык ала келип кууруп жешет, коркпой эле коюңуздар, азыр кетишет.

- Ошондой эле болсун, эми коркпойбуз, - деп күлүп калды Айкан. Ошентип ал күн дагы өттү, эртеси Шүкүр кетип жатып сары майы менен дандыр нан, картошкаларын таштап кетти, ал кеткенден кийин Айкан тамак жасамак болуп караса Доорон ала келген пакетте дагы картошка менен азыктар бар экен, Шүкүр алып келген этти жасап тамактанып кайра экөө эки керебетте жатып калышты. Толгон санаанын кучагында Айкан, ал өзүн бир туруп өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашап жаткандай сезет, кээде бул оорусуна да ишенбей өзүн соо адамдай сезет, барган сайын өз акыбалынын начар экенине көзү жетип: "Эмнеси болсо дагы балдарымды кыйнабайын, кокус шаардан өлүп калсам дароо моргго алып барып салышса кайра алууга балдарымдын чамасы жетпейт, же кое турган мүрзө дагы арзан эмес, андан көрө айылда болгонум жакшы го", - деп ойлогону менен акыркы көз ирмемдеринде жалгыз уулу менен эки кызын, неберелерин көрбөй өтүп кеткенге дидаары чыдабайт. Бири кем дүйнөнүн супсак күнү менен түнү ал үчүн бирдей болуп кетти заматта, рак деп жүрөктү үшүткөн жаман оору аны түпсүз караңгылыкты көздөй жетелеп бара жаткансыйт. Заманасы куурула Салийге байкатпай ары карап жатып уктап жаткан таризде көрүнгөнү менен ыйлап жата берчү болду. Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин Шавхан келип дагы көрдү, баягы эле көрүнүш, машиналар жыйылып каз-катар тизилген, үстүнө баклашкадагы суулар менен вазелинди ооздорун ачып коюшуп ушул адамдан шыпаа күткөндөн үмүт менен келген адамдарды адатынчы "Сүф-сүф", - деп коюп баарына жетишет, анан бакылдап өз иштери менен кайда бараарын айтып көпкө турат. Чынында эле балким ага деле кудайым ушул эмгегинен нан табууну буйругандыр, ар күнкү насип пендеге ар кандай себеп, ар кандай эмгек менен табылат эмеспи. Кээде ошого адам эсирип кетип көзүнө эчтеке көрүнбөй калган учурлар канча, топуктуу адам тоюмду деп бекер айтылбаса керек, ошентип төрт күнү катар менен сеанс тан өткөн соң кетмек болуп калышты. Көрүнгөнү келген өзбек жигити аларды Жалал-Абаддын автовокзалына жеткирмек болуп макулдашты да жолго чыгышты, жолдо ал өзбек жигити мактанып жатты. Сузакка кире бергенде алар тайгак жолдо байкабай кетип жатып "тико" авто унаа тайгаланып артын карай бурулуп жолду тосуп калды, Салий менен Айкан жакаларын кармана кудайга жалынып кайрадан жолго түшүп эптеп автовокзалга келишсе Кара-Көлгө автобус кеткени жаткан экен, саат төрт-бештерде ал жерге келип эле кайра Токтогулга такси табылып жөнөй беришти, күүгүм ченде үйгө келип отуруп калганда:

- Кандай экен, жакшы болуп калдыңбы? - деди Таажи "Тобо-о, же берген дары-уколу болбосо үч-төрт жолу үф-сүф деп койгонго эле сакайтып койгудай кудай беле, кудайдан дагы күчтүү көрүп алышкан экен", - деп ойлогону менен кары неменин шагын сындырбас үчүн:

- Түзүк эже, - деди көңүлсүз гана.

- Апа көрдүңбү, элдин баары айтып жатышпайбы, жөн эле укмуш экен деп буйруса сен айыгасың.

- Ой бул ишенбей жатпайбы? - деди Салий нааразы болгондой.

- Ийи, ишенбей эмне, башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде деген ушул, ак кар, көк музда ашуу ашып ошончо жерден эмнеге келдиң, дартыңа дабаа болсун дебейсиңби, - деп таенеси урушуп тилдеген болду.

- Мен эмне деп жатам, жакшы эле дедим го эже, акырындап билинээр, - деди Айкан.

- Ооба да, акырындап билинет, - Салий күңкүлдөп койду, эртеси отуз биринчи декабрь эле, иниси менен келини аларды майрамдатмак болуп аш басып, торт менен шампан алып келип түнкү он экиде жаңы жылды тозушту. Таң атканда Адиң телефон чалып келээрин айтты эле тамак асып коюп күтүп жатышты, ошол кезде иниси Кубаныч аялы Гүлиза келип калышты, бапырашып чогуу отурганда Адиң, андан кийин сиңдиси Гүлиза келип жаңы жылды куттуктап отурушту, жакын жашаган сиңдиси Чынар телефон чалып да койбоду, Элмира ага телефон чалды эле ал бир коньякты алып майрамдык таттууларын алып келип калды. Айкан ал келе электе беркилер менен чогуу ичип отурган, ал-акыбал сурап, баарына жаңы жылдык саламын айткан Чынар бир кезде анын алдындагы арак куюлган стаканды көрүп:

- Эй эже, бул эмнеңиз, апамдын эмгеги кайда, ичпеңиз муну, табыпка көрүнүп келдиңиз, сакайып кетсеңиз анан иче бересиз, - деп эле стаканды алып койду, Айкан күлүп тим болду, бирок анын айтканын түшүнүп турса дагы: "Демек апасынын эмгегин текке кетпесин дегениби же апасын аяп ичи тарып жатканыбы, муну кандай түшүнсө болот, мен бала эмесмин го, мынчалык заарын чачкыдай, же мени айыктырам деген апасынын далбасына жини келген го, кереги жок мындайдын, ансыз деле энеден, бир туугандан жат болуп калганым качан", - деп ызаадан көздөрүнө жаш толгонуп байкатпай күлгөн болду:

- Түшүнөм, ичкен деле жокмун, - Айкан ушул жакшы күндүн маанайын өзүнүн ызасы менен бузгусу келбей өзүн сооротту.

- Аман-эсен сакайып кетсеңиз буга окшогон тамактын далайын ичесиз, мени туура түшүнүңүз, кечирим коюңуз бирок алдыңыздан алып койдум, - деди Чынар, - Капа болбоңуз.

- Түшүнүп эле турам, эмнеге капа болмок элем? - деп Айкан дагы жылмайды, чынында туура айтып жаткан эле, болгону бөлөк өсүп калганга моюнуна алгысы келбей: "Апасынын барганына ичи күйүп жаткан го, колдорунан келсе өздөрүн эле караса дейт го, ушунчалык да өзүмчүл болушабы, же мен булардын камкордугуна муктаж болуп жалдырадым беле?", - деп ойлоно берди, кечке чейин бака-шака болуп ичип жеп жаңы жылдык маанай менен боорлошуп отурушуп Адиң кетмей болду, аны сыйлашып кайра дагы бир коньяк алып келишти да анан жөнөтүштү, Чынар кызыгандан кийин таарынычын айтып кирди, күйөөсүнүн жылдыгын өткөргөнүнө үч-төрт ай эле болгон жалгыз уулу бар, эки кызы турмушта.

- Куба, - деп инисин карап, - Гүлиза экөөңөр, Оске менен Элмира угуп тургула мени, жалгыз балам үйлөнгөндө он миң сомдон салык салам, - Сөөмөйүн чычайта карады, - Ал эми кыз бир туугандарыма унчукпайм, өздөрү билишет.

- Ооба-ооба эже, сөзсүз да, биз көтөрөбүз, айтканыңызды аткарабыз, - деди Кубаныч, андан кийин ыйлап кирди Чынар, күйөөсүнүн жаш өлгөнүнө капаланды, көптөн кийин кайра Айканга кайрылды:

- Эже, Айкан эже, сиз мени кечириңиз, алдыңыздагы аракты алып койдум, мени кечирим коюңуз, биро-бирок сиз... сиз мени түшүнүңүзчү, сакайып кетсеңиз тамак кара жерге кирсин, таарынбаңыз.

- Мен таарынбайм, эмнеге таарынмак элем, көңүлүңө алба, сен туура кылдың, - Айкан күлүп калды, ошентип бир аз таарынычтар айтылган соң үй-үйүнө кетти, кетээрде Кубаныч дагы:

- Эже, сакайып кетиңиз, сиз аман болсоңуз эле болду, - деп өөп анан кетти, Адиң сыртка чыккан соң:

- Карындашым, деги оорубачы, угуп алып аябай коркуп кеттим, ден-соолугуңду кара, - деди жөнөп жатып, Айкан агасына ыраазы, ал көп сүйлөбөгөн адам, бир мүнөздүү, канчалык жолдош-жоролору менен ичсе дагы сыр бербей үйүнө келип жатып алат, бир ата бир энеден туулган бир тууган деле булардай болбосо керек, ар качан айылга келгенде колунда барын дасторконго коюп сыйлап алат, болгону аялдан жолу болбогону, алты кызы бар, уулу жок, жашы алтымышка чыгат, бир жолу дагы уулум жок деп айтканын уккан эмес, аялы жайсыз неме. Кечинде жатаарда Салий Айканга шыбырай минтти:

- Ачкыл жандуу элең, мындан бир куюм ичип алчы.

- Койчу эже, ичким келбейт, акыбалым бул болсо аракты ичкенде эмне табам?

- Чынардын сөзүнө капа болуп калдыбы деп ойлодум...

- Капа болгонум жок эже, болгону чучу кулак болуп эки ортодо кошу албай калганыма өкүнөм, ушулар менен бирге өссөм мындай болбойт эле да, көрдүңбү кызыңдын айтканын, апамдын эмгегин ойло деди го, - деп Айкан ызалуу жашка мууна түштү.

- Сенин ушинткениңден өкүнүч-өктөөсү калбасын деп жатам да, анан эмне кылайын, - деп жер карай күңкүлдөдү.

- Кой уктайлы, - Айкан нары карап жатып алганда гана Салий сырткы бөлмөгө чыкты, ал жерде дагы төрт беш күн турган соң кетмек болуп турганда Гүкүш келип калды, Айкан менен өбүшө учурашып апасы менен Таажи таежесине учурашкан соң:

- Эже, деги жакшы болуп калдыңызбы?

- Жакшы эле, өзүңөр кандай, Канболот жакшы жатабы?

- Жатат, салам айтты.

- Саламат болсун, - Айкан Гүкүштүн эки небересин өөп алдына алып отурду, - Кудайга шүгүр, силер турганда мен оорубайм.

- Ооруй көрбөңүз эже, эми балдардын күнүн көрүңүз, кудай жакшы эмеспи, адеп укканда аябай коркуп ыйлап жаман болдум, - деп кайра кучактай өөп калды.

- Ыраазымын силерге, болбосо эмне кылмак элем?

- Сиз үчүн тим эле, - Жашык неме ыйлап ийди, - Ооруңуздан сакайып эле кетсеңиз экен.

- Коркпо жакшымын.

- Кетем дегениңизден варьение менен приправа алып келдим, - деп сумкаларын аңтарып кирди. Андан соң тамак алдыга келгенде Гүкүш менен Айкан экөө эч кимге көрсөтпөй бир бөтөлкө аракты бузуп акырын ичип жатканда Кубаныч чалып калды, алар экөөнү конокко чакырды эле шыбыраша чыгып бара жатканда Салий:

- Кайда? - деди суроолуу.

- Кубаныч чакырып жатат.

- Аа-а барып келгиле анда.

- Кеттик, - Экөө ээрчише сыртка чыгып көчөгө карай бет алганда кечки ызгаар бетти аймалаганы чыйрыктырып жиберди, алар имерилиштен өтүп көпүрөнү көздөй басканда арттан дуулдаган унаанын үнү угулганда бурула берди эле "Одиссей" унаасы келип токтоп калды, ал тааныш экен Айкан менен Гүкүш түшүп алып бат эле жетип калышты, ал жерде конок болуп кайра инисинин унаасы менен келип калышты. Гүкүш эртеси кеткен соң Айкан шаарга жөнөдү, ал табыптан жакшы боло албасына көзү жеткен эле, эки кызы жаадыра суроо берип ал-абалынан билгиси келип жатты. Айкан алардын көңүлүн сууткусу келбей мурункудан жакшы болуп калганын айтып отурду. Эки күн эс алган соң кайрадан врачка көрүнүү үчүн барды эле баягы эле "орун жок, үмүтүңүздү үзбөңүз", - деп эптеп кутулмак болгондо:

- Ай кызым, ачыгыңды айтчы деги, силерге эмне керек же адам өмүрүн сактоочуларысыңарбы же өлсө да кайдыгер карап тура бересиңерби, бир айдан бери мен кыйналып ушул жерге зорго келип кетип жатам, ачык айт азып кабыл аласыңарбы же жокпу? - деп жини келе Зарина Хасановага айтканда ал кенеп да койбой алакан жая:

- Кечиресиз, биз баарына бирдей карайбыз, орун болсо эле жаткырабыз, - деди.

- Качан, мен чирип өлгөндөбү, кандай абалда турганымды жакшы билесиңер, коркпо акчаңарды төлөйм, балким төлөгөнгө кудурети жетеби, жетпейби деп ойлоп жаткансыңар го?

- Андай эмес, дагы бир жума күтүңүз, орун болуп калат.

- Же укол-дары албасам, кабылдап кетет го, алдын алчу дары-дармек дагы жазып бербедиңер, мен арызданамын, мындай кайдыгер доктурлардын элге эч кандай кереги жок! - деди да чыгып кетти, врачтын орой айтканда "кылы" да кыйшайбаган өңдүү унчукпай кала берди. Айкан сыртка чыкканда көзүнөн жаш куюлуп турган эле, аны көргөн алтымыштардан өткөн аял:

- Эмнеге ачууланып калдың сиңдим? - деп калды.

- Ооруканага жат дегенине бир ай болду, а булар болсо орун жок деп жатышат.

- Түшүнүп турам, сен дагы менин көйгөйүмдү кийип турасың го, мындан үч жыл мурун мен дагы сендей болуп азап тартканмын, балдарым буларга акчаны берип жатып жаткызышкан, бирок мен дарылоодон сакая албай он күн өткөндөн кийин историямды алып түндөп качып кетип кыргызча дарыланганмын, уу коргосун менен мени бир профессор, азыр жалаң чөп менен дарылаган адамга барып ошондон айыктым, мына эми бир көрүнүп көрөйүн деп келдим, - деп жылмайды, - Коркуп жатам.

- Ал киши азыр кайда болду экен?

- Азыр Казакстанга кетип калды, болбосо сооп үчүн дагы анын дарегин берет элем.

- Өкүнүчтүү, - деди да ордунан туруп басып кетти.

- Сакайып кет сиңдим, - деп чоочун аял кала берди. Айкан ошол эле күнү батирине келди дагы китептерин арзанга өткөрүп ийди да кайрадан айылга жөнөдү, анткени Гүкүш кайра-кайра чалып ошол айылда жакшы тамырчы бар экенин айтып чакырып жаткан эле, жан дүйнөсү сыздап турду: "Неге адамдар ушундай, менин жумшактыгымдан өз эмгегимди арзанга баалап алышат, өздөрү болсо үч эселеп сатышат, мейличи деги ушул аты жаман оорудан сакайып кетсем болду, пенденин кара өзгөйлүгү, алдым жуттумдугун эми көрдүм беле, аттиң адам баласы ушунчалык дагы ач көз болобу, бул жашоомдо азап-тозокту көп көрсөм дагы өз кемчилигимди өзүм билем, ал кемчилигим өтө жумшактыгым, не десе баарына макул боло бергендигим, кандай болуп жатканын көрүп турсам да кайра эле колумдагыны арзан берип жибергеним анткени ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип турган учурда акча каражатысыз кадам баса албайсың, мейли кудай алдында таза болсом болду, бул дүйнөдө болбосо тигил чын дүйнөдө эсебин беришээр:", - деп ойлонуп кыздары менен кеңешип айылга жөнөдү, кечинде жетип жатып алды да таң эрте Гүкүштүн үйүнө жөнөдү. Ал телефондон сүйлөшүп келе жатканын билип тамак ашын жасап күтүп турган экен. Түштөн кийин тамыр кармаган адамдын үйүнө келишти, жолдун алдындагы короосу чоң үйдүн эшигинде толмочунан келген кызыл жүздүү алтымыштардагы адам утурлай басты, Гүкүш үйдөн чыгаарда анын аялына чалып келээрибизди айткан эле:

- Мага келдиңерби? - деди ал утурлай.

- Ооба, кандайсыз аке? - Гүкүш ага жылмая карады.

- Жүргүлө, - деп ал киши чабырасынын четиндеги дүкөнгө ылайыкталып жасалган чакан бөлмөгө ээрчитип кирди, бул келген адамдар чоң үйүн тебелеп-тепсебесин деген ниети болсо керек, эски шалчанын үстүнө көөнөргөн төшөктү салып коюптур. Сыңар тизээлей отуруп ага оң колун сунду Айкан, тамырчы көпкө кармады, алмак-салмак колдорун кармап көрүп, - Сиздики эски оору экен, кармай берчү адам болуп калыптыр, - деди.

- Эмне кылсам болот?

- Дары-дармек жасап берет элем, азыр кыш болуп даярдаган дары чөптөр калбай калды.

- Аке, эжемди атайын Бишкектен чакырып алдым, сизди жакшы билет деп, акчадан кам санабаңыз, жакшылыгыңызды унутпай калалы, - деп Гүкүш ага жалдырай карады, - Мурда сиз ушундай бир ооруну айыктырбадыңыз беле?

- Туура, бирок ал башталышында келген да, бу кишиники көбөйүп кетиптир, - деди жай, созула сүйлөп, - Аракет кылып көрөлү.

- Рахмат аке, - Гүкүш кубанып кетти.

- Врачтын кагазы барбы? - деди анан Эсенжан.

- Ооба.

- Мен ошону көрүүм керек.

- Эртең алып келейин анда.

- Жарайт, ошондой кыл, мен саат экиге чейин мектепте болом, сабагым бар.

- Макул, саат экиден кийин келебиз, - деп коштошо жолго түшүштү, алар келген такси күтүп турган, отураары менен эле айдап жөнөдү.

- Кандай жакшы айттыбы эже? - деди жолдон көзүн албай айдоочу суроо узатып.

- Жакшы, башкысы дартка дабаа болсо болду, - Айкан улутунуп алды.

- Сиз кандай дейсиз билбейм, бирок бул киши деле абдан жакшы, канчалаган ооруларды сакайтып жүрөт, бирок мен сизге бир адамдын дарегин берем, ал колунан келе турганын же келбесин ачык эле айтат.

- Мейли иним, аны да көрөйүн, кыскасы ажал менен күрөшүп жатам, кайсынысынан болбосун шыпаа тапсам болду.

- Ошого бир барып көрүңүз, анан көрөсүз, - деди Эркин. Эртеси Айкан Эсенжандан дарылануунун рецебин жаздырып алып кайра Бишкекке жөнөдү: "Эгерде ал дагы менин оюмдагыдай айтпаса кудайдын буйругун гана күтүп жата беремин, башкаларга барып далбастабайм, кудай берген жанды кудай өзү алат, пенденин өзгөртүүгө акысы жок, кудаанын кулу, пайгамбардын үмөтүбүз, маңдайга жазгандан ким качып кутула алмак, балким тирүүлүккө далбастаганым дагы күнөө болуп жүрбөсүн", - деп ойлонуп эжесине коштошуу үчүн кайрылды эле алар күтүп отурушуптур, ал күнү ал жерде калып калды.

- Эчтекеге ишенбейт экенсиң да, баягы табыптын эле дубасынан сакаймаксың, кандай болсо дагы ишеним керек, - деп Салий наалыды ал отураары менен.

- Эже, ал кудайдан дагы улук болуп кетиптирби, эгерде жашоом али түгөнө элек болсо сакайып кетем, башка келсе көз тартат деген эмеспи, - деди Айкан нымтырай.

- Ооба, дегеле өз билгенин кое бербейт экен, бирине ишенип бир кудай десең боло, - деп Таажи таежеси дагы ага өзү араң отуруп кейип-кепчип алды, - Энеңдин ичкени ирим, жегени желим болуп жатат биякта, сени кандай болуп кетет деп.

- Жакшы, мени дагы ойлой турган күнү болот экен да, деги эле мени бала катары көрчү эмес эле го?

- Сен ушинте бересиң да, ойлобой койчу беле... - Салий күнөөлүүдөй күңк этти, - Деги балаңды башкага бербе, боор бербей калат экен.

- Башка бирөө эмес өз апаң өстүрдү, бирок өзүңө имербегенсиң, билесиңби бир кезде мен дагы бала болчумун, ошол балалык күндөрүмдө башкаларды көргөндө менин дагы ушулардай ата-энем болсо деп томсоргон күндөрүм көз алдымда, дагы апама рахмат, мени багып өстүрдү, анын айткан сөздөрү али эсимде, сөзмөрлүгү, акыл насааттары мени минтип жазууга үндөдү, мен апамдын арбагына таазим этүүдөн башка сөзүм жок, - Көзүнө жаш ала сүйлөдү.

- Арман кылба, сени арман кылбасын деп балдарга аралаштырып жатам.

- Азыр аралашат, балким сенин көзүң өтүп кетсе мени араларына кошоор бекен, неге ажырашкан кезде аты жөнүмдү өзгөртүп койбодуң, мен эчтекени билбеген кезде которуп койсоңор болот беле, - Айкан ойлуу улутунуп алды, - Балким жездем бөтөн бирөөнүн баласын каалабагандыр туурабы?

- Ошону ким ойлоду дейсиң.

- Мейли эми, өткөн өттү... мен өтөмбү же сенби аны кудайым билет, - Айкан ички бөлмөгө кирип кечээ көрүп жаткан сериалды коюп жатып алды.

- Сериалды эле көрө берет экен, эмне көзүңө жугуп калдыбы ыя, - деп Таажи сырткы бөлмөдөн үн салды, - Эчтеке кылбай сериал көрүп жата берип көнүп калыптыр...

- Мени ушуга чейин силер багып келдиңер беле, же талкан сурап алдыңарга келдимби?

- Аның туура, - Таажи жүйөөлүү сөзгө муюй унчукпай калды. Салий болсо баятан бери үн каткан жок, сыртка чыгып жандыктары менен жалгыз уюна чөп салып жүргөн келини келгенче отун көсөөлөп көмүр салып жатты.

Айкан эртеси шаарга кетмек болгондо Осмон алып барып Токтогулдан салып жиберди, жолгата ойлонуп келе жатат, эми ага баары бир болчу, илгеркидей кыл тамырчыны таппады, анын оюнда кеселди айттырбай тамырын кармап билип анан аныктаса ишенмек. Абалтан эле ата-бабаларыбыз оорунун мындай түрлөрү менен иши жок медицинанын жардамысыз эле ысык же суук деп экиге бөлүп дарылашкан эмеспи. Анда догдур деген жок, бүбү-башкы менен тамырчылар күчтүү ролду ойногон, жин-кесел болуп же корккон болсо бүбү-бакшылар дем салып жинин кубалаган, аялдардын кара басып төрөй албаганын "куучулар" өлүмдөн алып калган. Эми оорунун түрү көбөйгөн кез, ар кандай дары-дармек дагы кээ дартка дабаа боло албайт, бул эми ажалга аралжы боло албагандык. Жеткен ажалдын ким алып кала алмак эле, жол узун, кыштын кычыраган чилдеси болгону менен күн жылуу болуп аба нымдуу. Төө-Ашуудан чыгып бара жатканда узун камаздар тайгаланып туурасынан туруп калыптыр, тайгак жолдон жылтырайт, Айкан коркуп кетти, бир кезде айдоочу жигит аларды унаадан түшүрдү, эки-үч бала унааны түртүп эптеп камаздар турган жердин ортосунан өтүп бара жатканда дөңгөлөктөр ары-бери кыйшайып тосмого уруна жаздап зорго жолго түштү, бир топ жөө басып анан унаага отурушуп жөнөштү. Андан ары жол түзүк экен, кум чачылыптыр, "Өх", - деп алды Айкан ичинен, туннелден өткөндөн кийин күңгөй бет эмеспи жол капкара, зымырап кетип жатты, ошондо Айкан: "Тобо-о, өзүм өлүм точкасында турсам дагы жан таттуу экен, ушунча да корктумбу, өлүм тооруган адамга кандай ажал келсе баары бир эмеспи аттиң", - деген ойго келди. Ошентип ал ойлордун жетегинде үйүнө кандай келгенин өзү да сезбей калды. Жанат жумушунда, небереси Жанар менен Анара сабактан келип калышыптыр, кичинекей сүймөнчүгү Илиязды көрүп кубанып кетти. Ал кужурап ар кайсыны айтып жатты, жаңыдан тили чыгып келе жаткан эле. Ошол убакта Айкан Жанаттын балдарын эстеди: "Акмак", - деп алды өзүнчө, ал өзүнүн таежесинин баласы, күйөө баласына жини келип жаткан, кандай гана эне баласын бактысыз кылып балдарынан ажыраткысы келсин: "Неберелерим менден чоочун болуп калды, Жанатым аларды ойлоп сары санаада, жаман болбосо мени күнөөлөгөндүн ордуна аялын сыйлап, үй-бүлөө очогун бузбаганга аракет кылбайт беле, акылы жок кемпай", - деген ойдо төргө өтүп отура кетти. Жанаттын улуу кызы Гүлнур Жанардан эки жаш кичүү, эки уулу дагы чоңоюп бара жатат, Данияр менен Мадияр, "Кызымдын ички жарасын канткенде гана жеңилдете алам, ал дагы эне, ичинен сыйрылып жүрөгү сыздайт, кудайым ай, көзүмдүн тирүүсүндө ушул кызымдын бактылуу болгонун көрсөм арманым жок эле", - деп ойлонуп улутунуп алды. Ал кечинде Жанат келгенде баарын айтып берди, Санат жумушунда болчу, уулу Дияз өзүнчө жашап иштеп жүргөн.

- Апа, сиз эле аман болуңузчу, сиз болбосоңуз мен кантем? - деп Жанат апасын кучактап алып бугун чыгара ыйлап ийди, - Сиз жокто бул жерге келгим да келбейт, сакайып эле кетсеңиз экен.

- Кызым, мен абдан жакшымын, чынын айтсам өзүмдү кесел катары сезбейм дагы, - Айкан кызынын чачынан сылап төбөсүнөн өптү, - Эч коркпо, - Саамга ойлуу Жанатты бооруна кысып отуруп анан, - Кызым, сенин эсиң бар, ата-энени ким түбөлүк кармап жүрөт экен, мезгили келсе баарыбыз өз учурунда өтөбүз, асты баланын артында калгылык кылбасын, мен деле жаш эмесмин, жарым кылымдан ашып бара жатам, адам баарына даяр болуусу керек, кайгыга да кубанычка да, антпесе ооруп калат, күйүт деген жаман, тобо деп өзүңөрдү кармап кайгы менен кубанычка түтө тургандай болгула, - дегенде Жанат унчукпады, көпкө кучакташып отура берди. Жанат эрте кетип кеч келип апасынын дарылануусуна акча таап жатты, иштешкендери дагы аны түшүнүп карызга бере коюп абдан жардам кылышты. Эки күн өткөндөн кийин Айкан Эркин берген дарек боюнча Аламидинге Жанатты ээрчитип алып келишти, алтымыштардагы ак чачтуу корей улутундагы адам врачтардын анализ кагазын окуп көрүп:

- Болот, сиз айыгып кетесиз, - деди орусча, - Мындан мурун дагы сиздикиндей оору менен бир ооруну айыктыргам.

- Рахмат.

- Азыр дары-дармек даяр эмес, эмки жума күнү кел, мен укол саламын, эгерде аны көтөрө алсаң улантабыз.

- Макул, - деди да Айкан эки жүз сом таштап кете беришти.

- Апа, буга ишенсе болобу? - деди Жанат бери чыккан соң.

- Болот, ар жакка барып көрдүм, эми ушунун айтканын ишенип аткарууга туура келет, негедир жүрөгүм сезип турат, ушундан сакайып кетээриме.

- Ошондой эле болсун, - Экөө кайрадан жолго чыгып маршрутка күтүп туруп калышты, ошол бойдон үн катпай маршруткага түшкөн соң Жанат жакындаганда жумушунан түшүп калып Айкан үйгө келди: "Эмне болот, ушундан сакайып кете аламбы, ар бир баскан жолуң акчасыз бүтпөйт, уколду тогуз жүз сомго салса дарылары канча турат, кыздарымдын тапканы жетеби, оо жараткан, ушул мен ишенген адам кудайдан күчтүү эместир, бирок кудайым ушул аркылуу мага дабаасын берээр, ооруганга шарт жок деп тамашалап айтып калышканы туура экен да, жаныңда көк тыйының болбосо дарыгерге да бара албайсың, алладан өткөн улук жок эмеспи", - деп жатып калды. Жан кейитип оорутпаганы менен жүдөткөн жагымсыз дарттын айынан азапка калганы белгилүү эмеспи. Убакыт өтүп жума күнү Ринаттын уколун алганы бармак болуп Нарынга чалды эле ал өзүнүн унаасы менен алып барып келди. Ар бир жума күнү саат үчкө укол даярдай турган болду, андан кийин Россиядан дары-дармеги келээрин айтты ал.

Айкан укол алып келген соң "Асман" гезитинде иштеген Ларисага телефон чалды эле ал көптө барып алды:

- Ало-о, бул ким экен? - деген үнү угулду.

- Лариса, мен Айкан, кан6дай иштер?

- Аа-а жакшы-жакшы, кандайсың ай, дайның жок да.

- Жүрөм, бир аз ооруп...

- Айкан, сен ооруну жеңишиң керек, өзүңдү оорулуудай сезбе, билесиңби бул жашоодо адамдын эң жакын досу ишеним, андан көрө аллахтын жалгыз экенин, жалгыз гана аллах улук экенин дилиң менен сезип ишеним көрсөткөнүң оң, ага-буга баргандан көрө аллахка гана сыйынып ден-соолугуңду тиле.

- Ооба-ооба, мен өзүм деле бир кудайдан башкага ишенбейм дечи, бирок оорунун атын укканда пенде эмесминби коркуп кеттим, жашоодон үмүт үзүп да коет экенсиң.

- Андай дебе, сен адегенде өз аураңды тазарт, бирөөлөргө деген таарынычың же жаман көрүү сезимиңди жогот, эч бир жанга таарынычым жок, билип-билбей жасаган күнөөлөрүм болсо кеч деп аллахтан кечирим сура, сенде талант бар, ошол талантты дагы аллах сага бул өмүр менен бирге берген сыйы деп бил Айкан, эч качан кеселге алдырба.

- Рахмат сага Лариса, мени бир топко сакайтып койдуң, кантсе дагы өзүңө улуу аллахтын берген бир касиети бар да.

- Сен азыр кайдасың?

- Мен айылдамын, - Айкан калп айтты, бирок билип койгондой уяла түштү.

- Андай болсо мен сага телефон аркылуу сеанс жасайм, - Лариса саамга үн катпай калды, - Айкан көзүңдү жум, анан денеңди бош коюп өйдөтөн сени көздөй от келе жатканын ал сенин ооруган жериңди жарык кылып бүт денеңе жылуулук бергенин элестет, андан соң шар сымал нерсенин ичиңде экениңди көр, - деп көпкө чейин сеанс өткөрдү.

- Рахмат Лариса.

- Эчтеке эмес, сен эч качан оорудум деп сезбе уктуңбу, баарыбыз аллахтын колундабыз, ал жалгыз, ал улук Айкан, ошондуктан бир гана кудайга ишен, макул анда тез сакайып кет.

- Кудай айтканыңды кабыл алсын, өзүң дагы жакшы тур эми, көрүшкөнчө.

- Көрүшкөнчө, - Телефон өчтү: "Неге ошондо эле Ларисага барбадым, аз дагы болсо эс ала түштүм, жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет деген ушул эмеспи, алса дагы жакшы менен алсын", - деп ойлонуп отуруп китептерин чыгарып жүргөн Жаныбек Жанызакка чалды.

- Ало, Айкан кандай?

- Жакшы, байке мен ооруп жатам, акчадан кыйналып турдум эле, жардам бербейсизби.

- Эмнең ооруп жатат?

-Ошол ушинтип үч айдан бери врачтарга көрүнүп жатам, акчадан...

- Эй-эй кое тур, чын эле ошондой бекен?

- Ооба, соо жанымды оору дегендей мени ким деп турасыз?

- Болуптур анда, эки жүз китеп алып кет.

- Жаныбек байке акчалай эле болсо...

- Сен кызык экенсиң, жакында бөлмөм өрттөнүп кетти, өзүм дагы билбей калдым, көп чыгаша болдум, андан көрө алып кет.

- Макул, кызым барып алып келет, - деди да өчүрүп койду, ал ушул тушта ар кайсыны ойлонуп кайра чалды.

- Ало, угуп жатам, - деди Жаныбек Жанызак.

- Байке, эки жүз китепти карызга берип жатасызбы же жардамгабы?

- Аа-а, - Ал каткырып күлүп калды, - Эми сен Мухаммедин алдына кетип жатсаң алмак белем, жардамым болсун.

- А кетпей калсамчы?

- Жок, карыз эмессиң.

- Рахмат, - Айкан кайра өчүрүп салды, анын айткандары жүрөгүн оорутту: "Тобо-о, пайгамбар жашынан өтүп бара жатса да сүйлөгөн сөзүн, көңүл калып жүрөгү ооруп калаарын ойлонбогон адамдар болот экен да, өзүнүн жүрөгү ооруйт болду бекен, жаман жакшыны ылгабаган адамдар болот экен да, - Улутунуп алды, - Мейли өлсөм да кээ бир мени билген адамдардын эсинде жакшы адам катары калсам болду, кимдин көңүлүн калтырдым, кимге ойлонбой жаман айтып койбодум бекен, оо кудайым кечир, ушул убакка келип өзүм эне болдум, небере көрдүм, ошентсе дагы бир кезде менин тагдырымды ойлонбой ажырашып кеткенине нааразы болуп келем, бул менин чоң каталыгым болсо керек...", - деп санаанын көлүнө чөгүп жата берди. Кызык, адам баласы бул өмүргө келген соң кетээр күн да бар экенин моюнга албай неге жүрөксүйт, неге коркот, сыноо үчүн жаралганын түшүнгүсү да келбейт. Ал эми байлыкка көпкөндөр эртеңки күнү аллах алдында кылган туура эмес иши үчүн, кесир сөздөрү үчүн да жооп берээрин унутуп, бул дүйнөнүн түркүгү болчудай манчыркашат, бечараны таманындагы чулгоочо көрбөй кесирленет...

Ооба, пенде ошону үчүн пенде экен да. Ушул кезде жадымда жүргөн, жүрөгүмө жат болгон төрт сап ыр эсине келди, бул ыр мындан он-он беш жыл мурун кара сөзгө кирише электе жазылган эле...

- Сансыз ойлор жеңип барат чубаган.

Томсортпочу тагдыр сенден суранам.

Кайырчыдай жер кезип кетким келет.

Калган күнү калем сабым кармалбаган.

Жетеленип убайымдын кучагында.

Тыбырчылайт эт жүрөгүм түрсүл кага.

Жетээр бекен өмүрүм ыр дүйнөсүн.

Багындырып поэзия деген кырды ашууга.

Санаам менин булут болуп көктөгү.

Жамгыр болуп жаап келет асмандан.

Токточу өмүр, токтой турчу азыраак.

Алтын сарай курсам дегем ырлардан... Көрсө анда эч бир өлүмдөн кабар жок кезде таланттын мага бир тартуулаган ирмемдери жазууга шык берген тура. Күн өткөн сайын санаа үстүнө санаа кошулуп өзүнүн ал-абалы деле оюна келбей калды, "Мен жеңемин, кыйын күндү башымдан өткөрүп сындырым нанга зар болуп аргасыз мүшөк алып талаадан темир терип кечинде тапкан акчама казанга эт кайнатып балдардын менен бапырап ичип отурганда жокчулукту унутуп бактылуу жылмайып неберемдин күлкүсүнө маашырлана күлүп отуруп, эртеси кайрадан көр тирликтин айынан талаадан темир терген күндө дагы көтөргөнмүн, эми бул ооруну кудайым мага сыноого берди, дабаасын өзү берсин", - деп оор улутунуп алды.

Асыл жандын асылдыгы эмнеде,

Кудай кошкон жан шеригиң болбосо.

Кейип турсаң көңүлүңдү көтөрүп,

Колун сунуп сага кубат бербесе..., Ооба, дал ушул учурда гана Айкан жалгыздыгын сезди, өмүрлүк жар демекчи балдары менен он сегиз жыл бирге жашаган аялын башкага алмаштырып кетпеди беле? Ошондон бери он тогуз жыл өтүптүр, бойго жеткен кыздарым мени көрсө эмне болот деп же бир ойноп күлбөдү. Ойлогону эле эки кызынын, жалгыз уулунун келечеги, алар менин туура эмес жолдо жүргөнүмдү көрсө эмне болот, кардын ачырбай, кийимин тоздурбай өз-өз ордуна койсом деп жүрүп убакыт заматта билинбей өтүп кетиптир. Күйөө деле чыкты, бирок жүрөгүнө жакпаса кантет, балдарыма катуу сөзү тийип калабы деп жүрүп өмүрүнүн өткөнү да сезилбей калды го. Сансыз ойлордун кучагында отуруп эки курбусунун өтүп кеткенине ичи ачышып кетти: "Байкуштарым ай, кандай гана болдуңар экен, өлүм алдындагы пенденин жан дүйнөсү кантти, эрте өтүп кеттиңер", - деп Гүлмира менен Шайырды эстеп алды. Гүлмираны менден артык эч ким билбесе керек, айрыкча кызы бардарлыкка жетип, бала кездеги жетишпестиктин өчүн алгандай ата-энесине заар чачып, күңүнөн бетер керээли кечке кирин жуудуруп өлгөнчө сыйлабаганычы? Балаң он болсо дагы бири ыймандуу болот экен, Акылбеги кудайы момун, анда-мында ичип койгонуна жинденип оозунан ак ит кирип кара ит чыкканычы. Аттиң, балам жок деп зар какшагандар канча... дечү ар дайым. Өлөөр өлгөнчө Акылай анын жанында болду, ал ошого нааразы, "куран окутуп келе жатып машинада эки кызы анекдот айтып күлөт, ошондой балдардын барынан жогу", - дегенин эстеди Айкан. Бул турмушта баары болот экен да, ата-эненин кадырына жетпеген балдар көзү өтүп кеткенде гана арман кылып калышат. Мансаптуу болуп, ата-эненин камкордугу астында баарына жетип алган соң алган аялынын тилинен чыга албай ата-энени картайганда карылар үйүнө таштап коюп көмгөнгө дагы келбей калган учурлар болуп жатпайбы. Оорунун кесириненби, ар кайсыны ойлоно берчү болду, керээлден кечке ойдун түбүнө жетпейт, же аягы жок, өмүрдөн бирде үмүт үзүп койсо, бирде ооруп жатканы оюна да келбей кадимкисиндей неберелеринин жанында бактылуу болуп жакшылыктарды көз алдына келтирет да бактылуу жылмайып алат...

Гүлкан турмушунда эч жамандык көргөн эмес, бирок университетте окуп жүрүп өзү сүйгөн адамга турмушка чыкты, күйөөсү Аманат жалгыз уул, атасы жок, апасы Айым абдан түшүнүктүү аял, эки кызы дагы турмушта, үч-төрттөн балалуу болуп калышкан, ошол эле Таш-Коргон айылында турушат, бардар, бакыбат жашашат. Гүлкан турмушка чыкканда өз үйүндөгүдөй эле айтканы-айткандай болот деп ойлоп эртең менен кеч туруп жүрдү, бир күндө баары билинбейт эмеспи, мектепке орношконго Аманат жүгүрүп жүрүп эптеп физика сабагынан бере турган болду. Ошондон тартып анын түйшүктүү убагы башталды, экөө тең мугалим.

- Гүлү, турбайсыңбы эми, сабагыңан кечигесиң, - Аманат келинчегин өөп уйпалап ойготуп жатты, - Кана, тур эми.

- Кое турчу эми, бир аз уктап алайын.

- Мектепке окуучулардан кийин барсаң эмне болот уят эмеспи.

- Азыр, азыр турам, - Ыкшоо көзүн ачып зорго өйдө болду.

- Апам туруп алып чай даярдап жатат, мунуң болбойт.

- Эмне кылайын, - Тултуң эте халатын кийип сыртка чыкты, Айым келинин көрүп оор дем ала тим болду: "Аттиң, жалгыз уулумдун аялы да, эми кантейин, келин-келиндей болсо болбойбу, канчага ушинтээр экен", - деп ойлонуп дасторконун жайып чайын дайындап туруп:

- Кел балам, сабагыңа ачка кетпей ысык бирдеме ичип алып кет, - деди жылуу жүз менен.

- Кеч туруп калдым, - Гүлкан кайненесинен уялып койбой эле дасторконго конок сыңары отуруп Айым эне куюп берген чайды ичип жумушуна жөнөп кетти. Аманат апасынан жүзүн ала качып жер карап отурду.

- Балам, сенин келечегиңди гана ойлоп камыгам, азыр жаш эмеспи, кудагый-куда дагы эрке кылып өстүрүптүр, эси болсо бара-бара түшүнүп кетет, - деди Айым уулунун оюн билгендей.

- Апа кечир, Гүлкан жакшы эле, эми азыр жаш да, - күңкүлдөй Аманат чайын ууртап чыныны койду.

- Сен аздап түшүндүр балам.

- Ооба, айтам апа.

- Өзүң ишке барбайсыңбы?

- Сабагым түштөн кийин...

- Ии-ий, - деп койду эне, Аманат ордунан туруп апасын убара кылгысы келбей дасторкон жыйнап кирди, идиштерди жууп орду-ордуна койду. Чынында Аманат эки кыздан кийин төрөлүп жалгыз бала болгону менен эрке болгон жок, эжелери жокто апасына чай кайнатып берип, үй жумушун жасап көнгөн, кир-когун деле жууй коет.

- Апа, капа болбой туруңуз, Гүлкан көнүп кетет, - деди дагы бир жолу ынандыра, бул анын апасы келинчеги жөнүндө жаман ойдо болбосун дегени эле.

- Мен эмне демек элем балам, аялыңа казан-аяк кармап сырыңды алдырба, кокус өзүң жасап көндүрүп алсаң, ал ошого биротоло таянып алат, ансыз дагы ээринчээк да, уйкучу да экен.

- Жо-ок, андай болбойт, ал жокто сизди кыйналбасын деп жатпайынбы, - Аманат күлүп койду.

- Ошент балам, жалгызымдын аялдын алдында кол жоолук болгонун каалабайм, сен бактылуу болсоң эле көөнүм тынып санаадан арылып калбайынбы, менин эчкидей жашым калды, көзүмдүн тирүүсүндө теңиңдин күйүмдүү болуп бактылуу жашооңорду көрсөм, небере жыттап тилегим орундалса болду, - эне ойлуу терең дем алып алды, ал келинине сулуулугуна кызыгып алган баласына ичинен кейип турган: "Садагам ай, өңүнө кызыкпай акылына карап алсаң болбойт беле, жеңил оокатка көнгөн неме түйшүккө чыдай алабы же сенин сүйүүңдү деп туруп басып кетеби", - деп түпөйүл санаага берилип турду. Түш болгондо Аманат мектепке кетти, ал кеткенден кийин Гүлкан келди.

- Ооңий апа, жаман кардым ачты, чайыңыз даярбы? - деп сумкасын коюп эле казан-аякка карады.

- Эми коем балам, эрте келдиң го? - Айым энем жерди таяна туруп чайнекке суу куюп отко койду.

- Чай кайнаганча мен кийимимди которуп алайын, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетип көптө чыкты, - Чай канадыбы апа?

- Кайнасын...

- Апа, сиз даярдай бериңизчи, мен кошунаныкына барып бир нерсени сурап келе коеюн.

- Эмнени сурамак элең балам?

- Айзат мени менен иштейт эмеспи.

- Аа-а, сабагыңа керектүүбү? - деген Айым эне унчуга албай отуруп калды: "Ботом тастаңдайт да тим эле, уялып койсо боло, мага чай кайнаттырып ичкенден уялбайбы, кой ачык эле айтайын", - деген ойдо болду, бирок анте албады: "Менин айымдан уулум экөө кер-мур айтышып калышпасын, мени эмес күйөөсүн сүйсө, сыйласа болду, экөөнүн ортосуна кедерги болбоюн, баламдын бактысы үчүн үндөбөйүн", - деген ойго келди да чай кайнаган соң дасторкон жайып, баарын даярдап жатканда улуу кызы Канайым келип калды:

- Келиниң жокпу апа?

- Келген, коңшунукуна кетти окшойт.

- Эмнеге?

- Айзатта жумушу бар экен.

- Анан сиз ага чай даярдап жатасызбы?

- Жөн отургуча кое берейин балам?

- Келин алганыңыз кайсы, төрдө отуруп даяр тамак ичкендин ордуна кайра бөкчөңдөп өзүң казан кармап жүрсөң кантип жакшы болсун? - Канайым жинденип жатканда Гүлкан кирип келди.

- Келиңиз эже, - Кайнежесинин сөзүн укса да билмексен боло учурашты.

- Келдим, - деп Канайым мурдун чүйрүй отура кетти, - Апам картайды, жалгыз келини болсоң, апама жумуш жасатып койбой өзүң кылбайсыңбы?

- Апам өзү алаксыгысы келет го, керээлден кечке кол куушуруп отура бергенден тажаса деле керек, туурабы апа? - Гүлкан сыр билгизбей жылмая Айым энеге карады.

- Ооба балам, жөн отурганда эмне...

- Койчу апа, ушинте бербей өз сыйыңды бил да, качан көрөсүң келиндин ызаатын, экинчи көрбөйүн идиш-аякта жүргөнүңдү, - деди Канайым атайын келинин уксун деп, ал деле инисин бактылуу болсун деп ойлойт, бирок карыган энесинин минтип карыганда түйтөңдөп чай коюп дасторкон жайганына чыдабай кетти.

- Эже, шартка жараша болот да, мен жумуштан келгенде чай коюп койгондон эмне болот эле, анын оорчулугу деле жок го? - деди Гүлкан тастая.

- Кантип, кудагый сага кайненеңди сыйла деп айткан жок беле?

- Алардын жөнү башка да эже, анда иштебей коеюнбу, беш жыл бою окуган мээнетим текке кетсинби?

- Аял деген баарына жетишүүсү керек, балалуу болгондо кантесиңер, анда дагы апамды түйшүккө салып жалаяк жуудурасыңар го ыя, эмитен минтип жатсаң, - Канайым ага жини келип андан башка катуу айта албады.

- Сиз Аманаттын бала-чакалуу болушун каалабайсызбы?

- Каалайм, бирок ушу чычкандай кемпирди сыйлап алгыла, биз болсо кыз экенбиз, Аманат жалгыз уул, өзү менен өзү болуп көбөйгөнүн кудайдан тилейбиз, элдин баары эле ошентип тилейт, бирок апамды саксаңдатып чайнек көтөртпөй төрдө гана отургузуп баккыла! - деп кетмек болуп козголду.

- Шашпа эми чай-пай ичип кет, Гүлкан туура айтат кызым, картайганда жата берип тажайт экенсиң, булар жокто деле өзүм үчүн чай-пай кайнатып ичем да, - Айым эне кызы менен келининин ортосуна чагым салгысы келбей жайкай сүйлөдү.

- Минте берсең келиниңди төбөңө чыгарып аласың апа, мен өзүңө боорум ооругандан айтып жатам, - деп чыгып кетти.

- Эже, кабатыр болбоңуз, - Гүлкан жойпулана кошо чыкты, - Кантип эле мен апамды ишке салып коеюн, кээде өзү эле тура калат, көнүп калган киши жөн отура албайт да.

- Иши кылса эмки келгенде көрбөйүн, колуна казан-аяк кармаганын, - деди да басып кетти.

- Жакшы барыңыз, - Гүлкан ушинтти да өзүнчө жылмайып алды, - Эне керек болсо өзүңөр алып кете турган болосуңар, мен карыган кемпирдин кир-когун жууп отура албайм, - деп үйгө кирди, Айым дасторкон четинде жаагын таяна ойлуу отурган, - Эжем эмнеге мынча ачууланды, мен сизди казан карма дегеним жок эле го, чайнекке суу куюп отко коюп койгондун эмне кыйыны бар? - деди тултуңдай.

- Анын сөзүнө капаланбай эле кой балам, үй-жайы башка тирчилиги башка, сен бул үйгө ээлик кыла турган жансың, Аманат экөөңөр мени багып, өлсөм ызаат-сый менен көмөсүңөр.

- Эмнеге ошону билбей эжем мага ачууланат?

- Ал айта берет, - деп унчукпай калды Айым.

- Башым ооруп турат апа, бир аз дары ичип эс алып алайынчы, - деди да өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип кетти: "Аттиң ай", - деп күрсүнүп алып Айым эне дасторконду жыйнап жууп коюп кыңкайып жатып уктап кетти. Көпкө уктап калган экен.

- Апа, Гүлү жокпу? - деди жаңы гана ойгонгон апасына суроолуу тигиле Аманат.

- Ал тигил бөлмөдө балам.

- Аа-а, - деп коюп Аманат дагы чыгып кетти, - Сага эмне болду? - деди аялынын жатканын көрүп.

- Эчтеке.

- Бир жериң ооруп жатабы?

- Жок.

- Анан эмне болду?

- Кызык, эжем келим мени урушуп кетти.

- Ал эмнеге урушат?

- Апамды жакшы карабай жатасыңар деп.

- Эмнеге, жакшы эле го?

- Кайдан билем, апам чайнек кармап коюптур.

- Ошого элеби?

- Ооба.

- Мейли эми, ал айта берет, апам адатынча иш жасап жүргөндүр да, ага капа болбо, алар менин бир туугандарым, келсе сыйлап кетирип кой.

- Сыйлабаганда эмне...

- Кой эми болбогон нерсеге таарына бербей.

- Ошо кантип болсун, мен деле кечээ эле келдим го, жаңы келинди көтөрмөлөп койсо эмне болот эле? - Гүлкан ыйлай баштады, - Мен апамды сагындым, барып келүүм керек.

- Жумушка жаңы эле кирдиң, жол алыс болсо төркүлөбөй туруп кантип бармак элең?

- Кетем, мен мындайга чыдай албайм.

- Гүлү, койчу эми, жакында эле үйлөндүк, сен мен үчүн келгенсиң да, же мени сүйбөйсүңбү? - Аманат келинчегин жүзүнөн өөп эки жаагынан олбурлуу жазы алакандары менен аяр кармап көздөрүнө тигилди, - Мени сүйөсүңбү?

- Сен үчүн келгенмин да, сыйлап койсо болот беле?

- Эми алар улуу, көтөрүп кой жаным.

- Бүгүн унчукпай койсом эртең мындан да катуу айтып башыма чыгып алат го, мен тим эле апасын атайын жумшап жатсам дагы...

- Болду эми, таарынычты унут, биз бактылуу болобуз, экөөбүз эми балалуу болуп аларга тарбия беребиз, минтип отурсак ким бизди мугалим, тарбиячы катары баалайт? - деп Аманат келинчегин кучагына кысып сооротуп турду.

- Аманат, апам эмне болот?

- Эжемдердин балдары бар го, биз шаардан иштеп акча таап балалуу болгуча жашай турганга бизнес түптөп алат элек да.

- Болбойт, жалгыз баласы аялын ээрчип кетти деп эл кеп кылбайбы, кете албайбыз, иштей берели жаным.

- Анда мен апамдарга барып келейин.

- Апам менен кеңешеличи.

- Кеңешкенде эмне, кое тур шарт болсун дейт да.

- Сүйлөшөбүз, - деп Аманат кийимин алмаштырып сырткы бөлмөгө чыкты, айым өзү эле уулум жумуштан ачка келди деп чай даярдап жаткан.

- Апа, отура берсеңиз боло, Гүлү турат го?

- Карап отурбай кыла берейин балам, азырынча дени-кардым соо, күүлүү күчтүүмүн, - деген Айым эне уулуна назар сала карады, - Келиндин башы оорубай калыптырбы?

- Билбейм, айткан жок, сиз минте берсеңиз эжемдер башкача ойлошот апа, отура берсеңиз, - Ошол кезде Гүлкан кирди:

- Апам өзү эле жасай берет, анан эжем мени күнөөлөп урушат, - деп чай куймак болуп отуруп калды, үчөө бирге чай ичип отурушкан соң Аманат сыртка чыкты, - Апа, сабактарым көп, кечкиге сиз эле тамак жасай коюңузчу, от жакпайсыз да, кууруп асып койсоңуз болду, - деди Гүлкан күйөөсү чыгаары менен өзгөрүлө.

- Мейли балам, асып коем.

- Апам ушундай алтын да, - деп жым дей түшкөн Гүлкан ичкен идишин жыйбай туруп кетти, Аманат жолдо коңшусу менен сүйлөшүп турган, - Аманат бери келчи, - деди.

- Эмне болду?

- Менин сабагыма карашып койчу, эртеңки сабакка даярданышым керек, - деди да өздөрүнүн бөлмөсүнө ээрчитип кирип кетти, бул кайненесинин иш кылып жатканын көрбөсүн деген амалы эле. Айым дасторконду жыйып, идиш жууп, андан соң үй шыпырып, кайра кечки оокаттын камын көрүп күйпөңдөп жатканда алар өз бөлмөсүндө сабакка даярдык көрүп жатышты. Кеч киргенде Айым баш бакты:

- Кеч кирди, тамагыңарды ичкиле.

- Апа, тамак даярдадыңызбы? - деп Аманат таңгала карады.

- Мен асып койгонмун, апам кесмесин салган го? - Гүлкан кашкайып туруп калп айта салды.

- Ооба-ооба, - Айым ушинтти да артына кайрылды: "Курган жаным, кичине калбаат эле болгонумда эмне, уулумду жер каратпайын дегенимди түшүнөбү бул келин", - деп ойлонуп кайра өзү жатчу бөлмөгө кирип кетти. Кайрадан үчөө чогуу тамактанышты да Гүлкан кол учу менен жыйнамыш болуп туруп калганда Аманат бөлмөдөн чыгып кетти, ал аялын үй жыйнап, апасына төшөгүн салып берет деп ойлойт. Ал эч бир Гүлкандын митаамдыгын биле элек, үстөлгө отуруп эртеңки сабак өтчү программаларын карап отурган, көп өтпөй эле Гүлкан кирди:

- Бүтүп келдиңби? - деди Аманат.

- Ооба.

- Бат эле келе калдың го?

- Ой аялдардын ишин билбеген соң сурабай эле койчу алтыным, кой мен дагы даярдануум керек, эртең үч класска кирем.

- Мейли, - деп койду Аманат, экөө бирге бет маңдай отуруп иштеп жатышты, көптөн кийин сыртка чыгып келип жатмак болуп бара жатып Аманат оозгу бөлмөдөн идиш аяктын калдыраганын угуп баш бакса идиш-аякты чогултуп алып Айым өзү жууп жатыптыр, - Апа, Гүлкан жууп койбоду беле?

- Мм-мен жыйып эле жатам балам, - Айым эне ыңгайсыздана карады уулун.

- Ал жууган жок беле?

- Жууду го...

- Төшөгүңдү салып бердиби?

- Өзүм салып алам садага, - дегенде Аманат башын шылкыйта эшикти жаап коюп кайра Гүлканга барды:

- Гүлү, бул эмне кылганың, апама жумуш жасатып...

- Эмне болду?

- Апам өзү жууп жатат го?

- Аа-а, анда жууй берсин, менин жасаганым жакпайт ал кишиге, эмне кылышым керек, мен кылганды кайра оңдоп турат, - Гүлкан ага кабак бүркөй карады, - Деги келиндин кылганы кайненеге жакпайт дегендери чын экен, эптеп эле экөөбүздү кайраш керек.

- Апамдын андай ою жок Гүлү, жок дегенде жатаар ордун салып берип койбойт белең?

- Ал дагы жакпайт, салып берсем эле кайра оңдоп салат.

- Кантип эле, апам андай эмес.

- Сен ошентип айта бересиң, келинди кайсы эле кайнене жакшылай койсун, - деп Гүлкан тултуңдай китеп дептерлерин жиндене ыргытып жыйнай баштады, - Сен мени түшүнбөйсүң, апаңа тартып турасың, - Ыйлап жиберди.

- Гүлү, сен дагы мени түшүнсөң, мен апамдын жападан жалгыз баласымын, мени кандай гана багып өстүрбөдү, чынын айтсам апамдын ак сүтүн актай элекмин, сени дагы сүйөм, - деп аялын сооротуп кирди:

- Мен деле сенин апаң, менин апам деп бөлгүм келбейт, колумдан келишинче сыйлайын деп эле жүрөм.

- Алтышка, болду эми ыйлаба, - Аманат ойлуу аялын төшөгүнө колтуктай алып барды, - Гүлү, сен дагы мени түшүн, сен экөөбүз деле балалуу болобуз, биз ата-энебизди кандай сыйласак биз балдарыбыздан ошондой сый көрөбүз жаным.

- Аны мен деле билем, кантип эле апамды сыйлабайын.

- Мейли эми, жаталы ээ, эртең эрте турасың.

- Ийи, - Гүлкан күйөөсүнүн маңыроолугуна ичинен кытмыр жылмайып алды: "Эмчек берген нары жат..., - дечү беле, акыры сени апаңа кайрап мени ээрчип кете турган кылам", - деген ойдо жатып алды: "Кемпир менен чал жатса кейиш менен таң атат, жигит менен кыз жатса күлкү менен таң атат", - дегендей эки жаш төшөк ичинде рахаттын көлүнө чөмүлүп, махабаттын жыргалына батып тиги бөлмөдө жалгыз узун түндү кирпик какпай таң аттырган кары менен иши жок уйкунун кучагына киришти. Убакыт өтө берди, Гүлкан колунун тырмактарын бузгусу келбейт, күзгүдө эле бир-эки саат отурат, Айым эне болсо өзүнүн тагдырына кейип уул-келининин ортосун сууткусу келбей ичтен тынып жүрө берди, бара-бара Гүлкан кайненесине ачык эле тигини жасап кой, муну жасап кой дегенден кайра тартпайт, кир жууса өзүнүкүн жууп жайып коет, дегинкиси таза, Аманаттын кийимин дагы жууп үтүктөп турат, карынын кийимин карап да койбойт. Айым алтымыш бештерде, өзү тазалыкты сүйгөн, тынч отура албаган жан, аңгыча күз келип калды, Айым казанга суу жылытып кир жууп жаткан, коңшусу келип калганын көрүп өзүнчө ыңгайсыздана карады:

- Кел-кел Шуру, жүр үйгө кир.

- Ботом, келин алып колу узарып кайкалап эле төрдө отуруп калды го десе түйшүккө кайра малынгансың го?

- Эми бечара келин эмне кылсын, ал дагы бирөөнүн баласы, анын үстүнө төркүлөтө элекпиз...

- Капырай, төркүлөтөсүң да, келин деген сенин колуңду узартпаса анын пайдасы кайсы, Аманатка өзүбүздүн эле айылдын кыздарынан алып берсең болот эле го, өзүңө карамдуу болот эле.

- Келинимди жаман деп ким айтты Шуру, баламдын багына келиним акыл-эстүү, билимдүү болду, менин азыр алы күчүм бар, эми балалуу болсо ошону баксам эле болду.

- Койдум эми, сенин оозуңдан жаман сөз чыкпасын билем, ошону билип алып келиниң жонуңа минип алдыбы дейм да, өзү да кош бойлуу окшобойбу?

- Ооба, буйруса неберелүү болгону турам, кир үйгө.

- Жок, баса сүйлөп туруп калганымды кара, сага орогуңду берип тур деп эле келгенмин, - деп Шуру кетмек болду, Айым ага орок берди да нан ооз тийгизип жөнөтүп кайра кирин жууп бүтүп казанына тамак жасамак болуп от жагып жатканда кичүү кызы Даткайым келип калды.

- Апа, эмне кылып жатасыз?

- Свет өчүп калды, тамак жасайын дедим эле, кел кызым.

- Кызык, Гүлкан кайда?

- Ал кош бойлуу эмеспи, уктап жатат, - Кымырына кызынан көзүн ала качты, - Үйгө кир.

- Бул кандай, келин алганың эле болбосо казандын башында дале күйпөлөктөп жүргөнүң болбойт, - деп үйгө жулунуп кирип кеткенде Канайым дагы келип калды. Айым эне унчукпай отуруп калды, алар сүйлөшүп алгандай Гүлканга кирип кетишти, Аманат бир иштери менен эрте эле чыгып кеткен.

- Ай Гүлкан! - деди Даткайым кирип келип эле, - Чак түштө керилип уктап карыган кемпирди кир жуудуруп, тамак жасатып койгондон уялбайсыңбы?

- Сенде деле эне бар го, кандай ойлонбойсуң? - деди Канайым.

- Эже, мен апамды иш кыл деген жокмун го? - деп көзүн ушалап тура калды Гүлкан.

- Чаламандын чак түшүндө жатып албай өзүң бүтүрүп койсоң болот беле, өзүң деле уялсаң боло?

- Мен кош бойлуумун эже, уйкум келип жатып калдым эле...

- Мындай болбойт, апам төрдө отуруп силердин сыйыңарды көрүшү керек, чычкандай кемпирдин казан башына саксайтып түйшүккө салып койсоң көргөн эл эмне дейт ыя?

- Датка, Каным койгула, менин үй-бүлөөмө киришпегиле, - деп Айым эне кирип келди, - Силердин өз турмушуңар бар, бала-чакаңар менен тынч жашай бергиле, мен азыр күүлүү элемин, жөн отургандан көрө кыймылдай берейин деп өзүм эле жасай берем, - деди эне экөөнө карап, - Силер келгенде бул үйдөн ысык чай ичип, сый көрүп кетип жүргүлө кыздарым.

- Апам аа-ай апам, өзүң жаман көндүрүп койдуң, жанагы балаң кайда жүрөт, манас тууп бере тургансып жаткырып коюп энесине күңдөн бетер кир жуудурган, - деп Канайым албууттана энесине карады, - Мунуң болбойт апа, сен эми келин алдың, сыйын качан көрөсүң?

- Кой кызым, мен үчүн жаман көрүнүшпөгүлө.

- Жадагалса төркүлөтө элексиздер, анан менин төрөшүмдү каалабайсыңар, анда мен бул баланы алдырам дагы кетем! - деп Гүлкан кийимин жыйнап салыштыра баштады.

- Гүлү, кой айланайын, Аман ошону үчүн жүгүрүп жүрбөйбү, окуу башталганча сени төркүлөтөбүз айланайын, - Айым эне келинине жалдырай баштады.

- Кереги жок, эгерде ата-энемдин алдына түшүп бирдемеңер өтүп калса таптакыр күңүңөрдөй мамиле жасай турган түрүңөр бар, тынчыраак эле кетип калганым оң? - Гүлкан кеткиси келбесе дагы кайненесине тултуңдап болбой жатты.

- Гүлкан, сеники туура эмес да, биз жалгыз инибизди бактылуу болсо дейбиз, силер жалгыз карыган энебизди кор кылбай жакшы карасаңар эмнеге сүйлөмөк элек? - деп Даткайым жумшара сүйлөдү.

- Ооба, биз деле сенин ата-энеңдин алдына баралы деп камынып жатабыз, Аман экөөңөр биздин тирегибизсиңер да, - Канайым сиңдисинин сөзүн коштоду, - Кой эми, ачууңду бас, буйруса бир жумадан кийин барабыз.

- Бир жумадан кийинби? - Гүлкан көздөрүн алайта үчөөнү алмак-салмак карап калды, - Окуу бир жумадан кийин башталат эмеспи?

- Барып эле келебиз да, - деди Канайым.

- Жок, анда убара болбой эле койгула, мен бул жерде кала албайм! - Гүлкан булкунуп чемоданын көтөрүп жөнөмөк болгондо Аманат кирди.

- Эмне болду? - Аялын, эки эжеси менен апасын карады.

- Мен кетем, Манас туумак белең деп эки эжең урушуп жатат, ата-энемди көрбөй жылдап ушу жерде сен деп жүргөм.

- Апа, эже...

- Балам, болбогон нерсе, - Айым эне уулуна күнөөлүүдөй карады, - Гүлүнү төркүнүнө алып барып келели, сагында го бечара.

- Мен ошого даярданып жүрөм го?

- Эртелетели балам, - Айым эне эки кызына кайрылды, - Силер дагы камыңарды тездеткиле, эртең жөнөйсүңөр.

- Макул, анда биз кеттик, - Канайым менен Даткайым башка сөз айтпай ээрчише чыгып кетишти, Гүлкан бышактап ыйлап жатты.

- Балам, сен жакшы болсоң менин келиним эле эмес кызымсың дагы, ыйлаганды кой, Аман сага жаман айтпаса, мен айтпасам, минткениң болбойт, андан көрө даярдана бер, эртең буйруса жолго чыгабыз.

- Апа, камынып бүтө элекпиз го?

- Болот, жылкыны сатканга сүйлөшүп койдум, алыс жолго жылкыны алып жүрө албайбыз, союшту тирүүлөй эле алабыз, кийит кече болсо даяр, жеңеңдерге айтып кел, Датка менен Каным төртөө, сен келин экөөңөр барасыңар.

- Сизчи?

- Мага узак жолго эмне бар балам, кудалар менен аманчылык болсо кийин шарт келгенде чайлашабыз.

- Өзүңүз билиңиз, - деп койду Гүлкан.

- Анда мен жеңемдерди айтып келейин, - Аманат сыртка карай чыгып кетти.

- Апа, кыздарыңызды мага кайрабай жүрсөңүз, - деди Гүлкан, күйөөсү чыгып кетээри менен.

- Эмне деп ботом? - Айым эне чоочуп кетти.

- Жумуш кылып жатканда эшикти илип албайсызбы.

- Эмнеге?

- Келип көрүп калбасын дейм да, - Гүлкан жойпулана жылмайды, - Сиз эми күүлүү-күчтүү элесиз да, бизге азыр кызмат кылып койсоңуз картайганда сизди бөпөлөп алабыз туурабы апа?

- Ооба, мен азыр тим отур боло элекмин айланайын, - Айым эне ичи муздай жүрөгү сыздап келинин көргүсү келбей бөлмөдөн чыга жөнөдү: "Баламдын гана кадыры да-а атаңдын гөрү, болбосо тим эле жолго салат элем, уулум сүйүп-күйүп турса айлам канча", - деп өз бөлмөсүнө кирди.

- Апа, тамак жасайсызбы? - деп Гүлкан артынан келип үн катты, - Мен баняга барып келейинчи.

- Бара бер балам.

- Болуптур кеттим, - Гүлкан эшикти жаап койду, айым эне үнсүз телмире отуруп калды: "Эмне кылсам, ушундайда Аманатка ачык эле айтып кетиртип ийсемби, кыздар айткандай төрөп-түшүп алса мени таптакыр эле жумшап алат го, капырай уялып койсо боло, балам жалгыз болсо, балалуу болгону турганда аялы жөнүндө жаман айтып кетир дегеним туура болбос бекен", - деп отурганда Аманат менен бирге ага жеңеси келип калды:

- Ай жеңе, мынчалык эмне шашылдыңыз? - деди Жибек абысынына таңгалгандай.

- Камың бүтүп калды беле жеңе? - деди кайниси Жумаш.

- Силер турганда бүтпөй коебу, мен жалгыз баламды үйлөнтүп жатсам силер карап турмак белеңер, колдо жоктун кордугу күч деген ырас экен, Аманаттын үйлөнгөнүнө жыл толуп бара жатат, бир жолу келип кеңешип-таңашып койбодуңар, - Айым эне таарыныч кыла сүйлөдү, - Колдо барын алып келинди төркүлөтөйүн, силер кошо барып келгиле.

- Эми жеңе сиздики деле туура дечи, өзүңүз көрүп турбайсызбы, биз деле эптеп бала-чаканы багып жатабыз.

- Ооба-ооба, аны билем, эмнеси болсо дагы эртең баргыла, - деп Айым эне айтканда алар баш ийкеп тим болушту, ошентип Гүлканды төркүлөтүп жөнөштү, Даткайым менен Канайым экөө күйөөлөрү менен Жумаш Жибек экөө болуп Аманаттын эки досунун машинасына отуруп алыскы Нарындын Ат-Башысына Кеминден жол тартып барып калышты. Аларды тозуп алгандардын ичинде Гүлкандын атасы кыз-күйөөсү менен учурашкан соң:

- Бу кандай күйөө бала, мен кызымды беш жыл окутуп кыштакта иштесин дептирминби, бир жылдан бери эми алып келгениң кандай? - деди кардын челкейте кекеткендей.

- Ата, кечириңиз бизди, шарт...

- Шартыңды урдум! - дегенде Аманат жаман акыбалда калып, эжелери менен агаларынын көзүнчө сына түштү.

- Куда, кыз буйруган жерге бүлөө болот экен, куда болгуча кулу-бийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш дегендей. Аманат жаман бала эмес, бул деле жалгыз бала, билим бар, Гүлкан экөө бири-бирин жактырышып баш кошушту, биз сиздерге кулдук кылабыз, аз айып көп күнөөбүздү кечириңиз куда, - деди Жумаш.

- Эй, силер буюм алган жоксуңар да, баш алып жатасыңар уктуңбу? - деп ачууланганда баары делдээ туруп калышты.

- Сатар, кой кудаларды үйгө киргизели, - деди аны карыдан ала улуураак бири, - таздын көөнү болбосо кыздын көңүлү деген эмеспи, атайын алыстан келишти, - деп ары көздөй алып кетти, калган үч-төрт аял менен беш-алты эркек аларды болбой үйгө киргизишти. Андан кийин алып келген акчасын дагы өз деп чатак чыгарды, Аманат ичтен сызып калды, Даткайым менен Канайым дагы нааразы болуп кудасынын өтө керсейгенинен улам жаман көрүп калышты. Гүлкандын апасы Жамбы жакшы аял экен, кудаларына жакшы сый көрсөтүп, Сатардын бир тууганы Жапар экөө кийит кечесин кийгизип жөнөөрдө Гүлкан атасы менен сүйлөшүп отурду:

- Кызым, ачык айт, эгерде көңүлүң болбосо сени жибербейм, кете беришсин, колунда жок болсо кор болуп каласың.

- Ата, мен Аманатты сүйөм, шаарга жашасак жакшы болот эле, - деди Гүлкан эркелей, - Апасы мага жакпайт, өзүбүзчө эле болгондо болмок.

- Эмне күйөөң болбой жатабы?

- Ооба, апамды таштай албайм дейт.

- Анда кала бер, чекесинен чертип күйөөгө тиесиң, бардар жерге өзүм берем, ушундайда бүтүр!

- Жо-ок, мен Аманаттан ажырабайм.

- Анан эмне кыласың кызым, колуңду чор кылып айылда каласыңбы?

- Аманат менен сиз сүйлөшсөңүз.

- Ой ошол былжыраган күйөө бала мага жаккан жок.

- Мага жагат, сүйлөшүп көрчү ата.

- Гүлү, жөнөгөнү жатышат, болбойсуңбу, - деп Жамбы кирип келди.

- Эй кемпир, шашса кете беришсин, - деди Сатар.

- Сен жинди болдуңбу? - Жамбы күйөөсүн акырая карады, - Эсиң менен бол, Аманат дагы бирөөнүн жалгыз баласы экен, кызыңды алып калып төрүңдө төрөтөсүңбү, бактысына балта чаппа, күтүп калышты бол кызым эрте, - деп кайра сыртка чыкмак болгондо:

- Колунда жок томояк болсо кызымдын кадырына жете алабы, андан көрө ушундайда ажырым болгону жакшы! - деди Сатар, ошол кезде Аманат Гүлканга келе жаткан, бул сөз кулагына шак дей түштү, - Кетсе кете берсин!

- Обуң менен бол, колунда жок болсо биз беребиз, жаш эмеспи келечеги алдыда, өздөрү иштеп табышат, - Жамбы Гүлканга карады, ал тултуя жер карады, ал чынында апасынан тартынчу, катуу кармай турган, бала кезинен атасына жакын, сырын дагы атасына айтат, - Гүлү, бол эрте кызым.

- Азыр апа, - Кайсалактап атасына карады.

- Эмне сен атаңдын кебине көнгөнү турасыңбы? - Ачуусу келип кызына карады:

- Жо-ок, мен Аманаттан калбайм апа, - Гүлкан ушинтти да апасынын алдына түшүп жөнөмөк болду эле Сатар:

- Ойлон кызым, кеч боло электе, - деди.

- Кеч болуп калганын көрбөй турасыңбы, жакында балалуу болушат, кызыңдын бактылуу болушун кааласаң ыраазы болуп жөнөт, - деди Жамбы.

- Апа, Аманат шаарга жашайлы десем болбой жатат.

- Эмнеге, карыган кемпирди ээн таштап шаарга эмне бар?

- Айылда калгым келбейт.

- Эсиңди жый, Аманатты энесинен бөлөм десең мени эне дебегин, сендей эси жок кызды тарбиялаганыма өкүнөм! - деп чыгып келе жатканда Аманат жаңы гана келе жаткандай түр көрсөттү:

- Апа, Гүлү даярбы?

- Ооба садага, азыр чыгат, - деп артын караганда Гүлкан көрүндү, унчугушпай жолго чыгышты, кешикти мол салып жөнөттү, үйүнө келгенде Айым эне кийит кече менен кешикти көрүп ыраазы болду, анткени адамгерчиликтүү, меймандостугун ошондон дагы билсе болот эмеспи: "Кудай буйруса кудаларым жакшы адам окшойт, жалгызыма арка-жөлөк болсо болду, катын албай кайын ал деген эмеспи", - деп ойлонуп колу-коңшусун чакырып кешик ооз тийгизди. Канайым менен Даткайым Гүлкандын көзүнчө эчтеке дей алышпай өз-өз үйлөрүнө кетишти. Барып келгенден бери Гүлкандын кабагы ачылбады, Аманат дагы билмексен болуп унчукпай койду, негедир ичи муздай түшкөн, ошол жерден ал аялын күтпөй кетип калмак болгон оюнда, кайненесинин сөзүн сыйлап гана тим болгон. Ошондон тартып Гүлкандан кандай сөз чыгаар экен деп Аманат өзүнүн адистиги боюнча кыргыз тил, адабияты боюнча мугалим болуп иштеп экөө бирге кетип бирге келишет. Гүлкан Аманаттын көзү бурулса эле Айымга:

- Апа, өзүңүз эле кыла коюңузчу, мен ооруп турам, - деп кадимкидей эле жумшап алат. Эне кантсин бүгүн-эртең деп турган келинине үн дебейт, эс алууга чыккандан бери үйдө отуруп Айымды жүдөтүп ийди.

- Балам, төрөгөнүңө жакшы, кыймылдасаң боло, - деди бир күнү.

- Апа, кантип кыймылдамак элем, ушул абалымда, сиз мени аяп койсоңуз кичине, же сизге неберенин кереги жокпу? - деп чоектойт.

- Капырай, мен төрөөр-төрөгөнчө эле жулунуп иш кылып жатчумун, каканак жумшарат дешет, төрөтүң дагы оңой болот.

- Балаң чоң деп жатат, мен кыймылдай албайм, Аманатка мени иш кылып жатат деп эле коюңуз ээ апа?

- Макул, - деп үшкүрүнө эшикке чыкты эне, ошондон көп өтпөй эле Гүлкан уул төрөдү, Аманат кубанып жүрөт, төрөтканага Канайым менен Даткайым дагы келип келинин куттуктап, акушеркаларга сүйүнчү берип, инисинин көңүлү үчүн жүгүрүп жүрүштү. Айым эне дагы уулунун балалуу болгонуна жетине албай боорсок жасап, союшун белендеп күтүп жатты, убакыты келип келинин үйгө чыгарып келишти, Айым эне дасторконун толтуруп кенен жайып күтүп алды. Үйгө киргенден кийин эле небересин колуна ала коймок болуп колун созду эле:

- Апа, сиз ар кайсыны кармап кир болуп турасыз, балага жугат, - деп уулун өзүнө тартып алганда эненин бүткөн бою суу сепкендей муздай түштү.

- Капырай, ушул эле колум менен эки кыз менен Аманатымды кармап бактым эле, - деп селдээ түштү, көздөрү жашка толуп чыккан эле.

- Эмне болду апа? - деди Аманат кирип, анын артынан Канайым менен Даткайым келе жаткан эле.

- Эчтеке эмес, - Эне көз жашы төгүлө жаздаганын көрсөткүсү келбей артына бурула берди, - Датка, чай алып кел кызым.

- Гүлү, апама эмне болду? - Аманат келинчегин кайрылды.

- Мен кайдан билем, сен балалуу болуп түйшүк көбөйөт деп жаман болуп жатса керек.

- Гүлү, апам антпейт, чыныңды айт! - деди Аманат ачуулана.

- Апаңдан сурабайсыңбы анда.

- Эгерде апамды сен капа кылган болсоң алтын баштуу бала төрөсөң да кереги жок, мен көрдүм апамдын көз жашын, минтип отурсаң отубуз күйүшпөсүн билип кой! - деди да чыгып кетип эшикте көпкө чейин басып жүрдү, аңгыча Жумаш менен Жибек, эки-үч коңшусу келип калды:

- Бешик Боо бек болсун Аманат.

- Айтканыңар келсин, үйгө кириңиздер, - деп Аманат аргасыз аларды ичкери баштап кирди, Даткайым чай куюп жаткан, Канайым апасы экөө бир бөлмөдө сүйлөшүп отурушкан. Айым эне ыйлап алганын билдиргиси келбесе да ал такып сураганынан эне жоолук учу менен көз кычыгын аарчып:

- Ушул жаманымдын ата болгонуна жүрөгүм кубанганынан ыйлап ийбедимби кызым, - деди.

- Койчу апа, келиниң бирдеме деди окшойт.

- Кой кызым, жөн эле бечара келинден күмөн санай бергенде эмне.

- Апа, кичине кайраттуу болсоң боло, биз айтсак киришпегиле дейсиң, Аманат эркек, сыртта көп болуп эчтеке байкабай жүрө берет, болбосо ал деле аялына баш бербейт эле, - деп кейип отурганда дабыштарды угуп чыгып келишти.

- Бешик боо бекем болсун жеңе.

- Бешик бооңор бек болсун.

- Айтканыңар келсин, - деп кайниси менен абысынын жаркылдай тозуп алды, - өйдө өткүлө.

- Жеңе, көзүңө эмне болгон, ыйлагансыңбы? - деди Жибек.

- Ооба, ушул баламдын ата болгонуна кубанганымдан көзүмө жаш алдым, кечээ эле Аманатым өзү кичинекей эмес беле, ушунумдун баласын көргөзгөн кудайга ыраазымын, - Айым эне дагы жашып уулун бооруна кысып жүзүнөн өптү, алла таалам сага узун өмүр берип, ылайым көп-көп балалуу болуп Гүлү экөөңөрдүн үйүңөр базар болуп балдардын күлкүсүнө толсун садага.

- Байкуш жеңем ай, - Жибек шыпшынып алды, - Анан эмне, айтканың туура да, ушул үчөөнү кандай гана кылып бакпадың, акем байкуш эрте өлүп калып жалгыз бактың да, - деп Гүлканга карады, - Кана келин бала, берчи бөбөктү, бир көрөлү.

- Ал уктап калды, уйкусун бузбай эле коюңузчу, - деп Гүлкан жактыра бербеди.

- Апей ботом, ал азыр уктай берет, көрөлү ботом.

- Гүлү, баланы бер жеңеме, - деди Аманат.

- Жок, микроб жугат, бул азыр балапан, эти быша элек, бат кабыл алат, кийин көрө берет да чоңойгондо, - деп Гүлкан терс караганда Айым эне:

- Жибек, жаш эттүү ымыркайды көргөндө эмне, аман болсо көрө бересиңер, - деди сыр билгизбей, - Чайга карагыла.

- Капырай, мен деле сегиз баланы төрөп чоңойттум эле, неберелерим деле бар, ушу кантип болсун, микроб жуккудай жугуштуу оорум бар дейсиңби? - деп чыртыңдай күйөөсүнө карады, - Жүрү кеттик, бизди сүйбөсө эмнеге отурабыз бул жерде ыя?

- Ой Жибек, эми жаш келинге таарынып кайда барасың ботом? - Айым эне абысынын токтотмок болду, - Эртең элди чакырып жээнтек берели, өзүң баш көз бол, келиниңди кечир айланайын.

- Кой-кой жеңе, тойдум-тойдум ушуга, кечээги эле мен төрөгөн кызымдай болгон неме мени кайдагы бир туубаган аялдай кагып жатса отурбайм, - деп чыга жөнөп босогого жеткенде, - Ай Жумаш кетесиңби же жокпу? - деди күйөөсүнө карап.

- Жеңе, - Аманат ордунан туруп барып Жибекти колтуктай калды, - Кой таарынбаңызчы, менин силерден башка жакыным барбы, эки эжем менен силер турганда мен бактылуумун жеңе, келиниң жаңы төрөгөнгө бир аз "капризный" болуп турат, кыйналып төрөбөдүбү, кечирип коюңуз эми.

- Апей ботом, баарыбыз эле жаш төрөп, балдарды кемпир кесекке карматып эле берип койчубуз, эмне бу дүйнөдө сенин катының кол тийгис бала төрөптүрбү, жок отурбайм! - Жибек болбой эле силкине берди.

- Жибек! - деди баятан бери унчукпай отурган Жумаш аялына катуу кыйкырды, - сакалдуу башы менен жеңем өзү кечирим сурап жатат, эмне тейтеңдейсиң, отуп келип, сен деп мен жалгыз инимди жер каратып басып кетет белем?

- Кой уул, урушпагыла, - деди Айым эне.

- Жеңе, - деди ошондо Гүлкан жойпулана, - Кечирип коюңузчу, мындай болоорун билген жокмун, жөн эле уктап жатканын айттым, - деди.

- Ооба, кылар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп анан айтканын кара, кийин сенин келиниң дагы өз небереңди карматпай койсо ошондо билесиң, - деди да күйөөсүнөн айбыга отуруп калды. Буларды өз көзү менен көрүп турган коңшу аялдар менен эки эжеси үндөшкөн жок. Канайым: "Шүмшүк, апама дагы баласын карматпай ыйлаткан экен", - деп ичинен кекенип турду. Эртеси Жамбы келип калды, жээнтек берип туугандарын, коңшу-колоңун чакырып бапырап жатышкан, Гүлкан апасынын алдына баласын берип өзү кыймылдаган болуп көрүнмөк болгондо Айым:

- Кой балам, чөбүңдү сүйрөп кыйналбай отура бер, кудагый эмне дейт, жаңы төрөгөн аял тыңыганча жатыш керек, - дегенде Гүлкан кайненесине жылмая карап:

- Кантип жатам апа, уят эмеспи, - деди.

- Эмнеси уят, тыңыганча отур, - деди эле үйгө кирип бара жатканда Даткайым:

- Эми уялып калган го, жөн койбойсуңбу апа, энесинин көзүнчө тим эле жаны тынбай иш кылганын көрсөткүсү келип жаткандыр, - деди, Гүлкан аны сая кетирбей угуп кирип кетти.

- Койсоңчу, азыр жаш эмеспи, кагылып-согулат, анан эле келиним керилген келин болуп чыга келет, - деди Айым эне күлүмсүрөй, - Кудагый жакшы аял экен, келиним акыры ийге келет кызым, көрөөрсүң.

- Көрөм, жалаягын жуугандан башың чыкпай жүрбөсөң болду.

- Мейли, жалгызымдын баласын бакпаганда эмне кылам?

- Апа, ушунчалык башкача жумшак, мээримдүү аялсың да, пейилиңе жараша келиниң жакшы болбой...

- Болду, үйгө кир! - деп айым кызынын оозунан сөзүн жулуп алды. Эл бака-шака болуп наристеге бак-таалай, узун өмүр каалап, атын Нурдөөлөт коюп анан кетишти. Кудагыйын кайрадан сыйлап конок камын көрүп жатышкан:

- Кудагый, кыз-күйөө, бала-чака турганда отуруңуз, байкасам сиз дегеле кирип чыгып күйпөлөктөп жүрөсүз, - деп Жамбы айым энеге кайрылды.

- Тынч отура албаган жаным жүрөм да кудагый, - деп Айым эне комсуна отуруп калды.

- Апамдын жаны тынбайт, - деп Гүлкан күлүп калды, ал атайын эле эки кайнежесин уксун деген ойдо болду, - Кой десе болбой өзү эле жасай берет.

- Ооба-ооба, - Айым келинине таңгала бир карап алды, - Жалгызымдын тирчилигин мен кылбаганда ким кылат кудагый, азыр алы-күчтөн тайый элекмин.

- Ошентсе дагы уул-келиндин камкордугу керек кудагый, эми небереңди алып кана отура бер, биз эми сыйдын гана үстүндө болушубуз керек.

- Туура, - деген Айым эне: "Кайда-ан, мени келиним оюнчук кыла турган түрү бар, неберемди колума алып жүзүнөн өбө элекмин аттиң", - деп терең дем алып ойго чөмүлүп кетти. Жамбы колунда алып отурган наристени Айымга сунду, ал эмне кылаарын билбей келинин карап калды.

- Неберенин кубанычы демиңе - дем берет кудагый, аман болсун, кана небереңди алчы, - дегенде Гүлкан туруп келип:

- Уктап жатат жаткырып коеюнчу, - деп ала койду.

- Гүлү! - деп Жамбы үнүн өктөм чыгарды, - Бер баланы кудагыйга!

- Апа, уктап жатат го...

- Мейли, чоң энеси небересинин ууз жытынан кумарлана жыттап отурбаса эмнеси эне ыя, жаш төрөгөн уйдун уузу үч күндө тарап кетет, адамдыкы дагы, ошого жараша жети күндөн кийин наристенин ууз жыты кетип эне-атанын, кийимдин жытына аралашып калат, ушул кездеги жытына мас болосуң кудагый, - деди да кызына көз карашын өзгөртө ымдап койду эле Гүлкан баланы көтөрүп келип Айым эненин колуна карматты, эненин колу калтырай түштү, көзүнүн жашы жүзү ылдый агып наристени өөп-жыттап турду: "Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, жалгызымдын уулун боорума басып, ууз жытына кана жыттаттың, өмүрү узун болсун жаманымдын", - деп өзүнчө сүйлөнүп жатты, Даткайым менен Канайым апасынын бул турушуна боору ооруп ичтеринен сызды.

- Ал балам, - Айым эне баланы кайра келинине сунду, - Тынч уктай берсин, - деди күлүмүсрөй, эне ушул кезде жеткен бактылуу эле.

- Кубаныч дагы адамды абдыратып коет кудагый.

- Ооба десеңчи...

- Кудагый өзү эле багып алат, Аманат экөөңөр иштей бергиле.

- Мен бир жылга отпускамды узарттым апа, өзүм эле багам, - деди Гүлкан.

- Эмнеси болсо да аман болгула кызым, кудагыйды жакшы карагыла, силер бу кишинин алдында милдеттүүсүңөр, - деп Жамбы кызына бир карап алды, мунусу анын сырын билгендиктен эскертип тургандай сезилди ага, кантсе дагы эне-бала бири-бирин жакшы түшүнөт эмеспи. Айым эне кудагыйына ичинен абдан ыраазы болуп турду: "Энеси жакшы экен, келиним азыр жаш, бара-бара көнүп кетет, уулумду сүйсө мени сыйлабай коймок беле", - деген ойдо эле. Даткайым менен Канайым дагы Жамбыга ыраазы, бирок Гүлкандын кыял-жоругуна жинденгени менен алар дагы: "Энеси жакшы аял тура, акыры тарбиялайт, апамды сыйлап калат, али жаш эмеспи", - деп өз-өзүнчө ойлонуп жатышты. Жамбы бир жумадай туруп калды, бир күнү эрте туруп сыртка чыгып кеткен, айым дагы туруп чөөгүнгө суу даярдап кудагыйына алып чыгып куюп берди, андан соң Жамбы сыртта басып жүргөндө Гүлкан эшикке чыкты, ошол убакта наристенин үнү угулуп Айым аны алып көтөрүп сооротуп турганда Гүлкан шашыла кирип келип эле:

- Аны эмнеге алып алдыңыз? - деп колунан ала койду.

- Ыйлап жатканынан алдым балам.

- Экинчи колуңузга албаңыз!

- Эмнеге, өз неберем го балам, - Айым атайын кудагыйы уксун дегендей сүйлөдү, ал кирип келе жатып муну угуп токтоп калды, - баламды колума алганга каршы болбо айланайын.

- Мен сизге баягыда эле айтпадым беле, жаш эттүү балага бир нерсе жуктурасыз деп, - тултуңдай баласын эмгизип отуруп калды, - Небереңизге жакшылык кааласаңыз колуңузга албай жүрүңүз!

- Капырай, сен сүйүп ээрчип келген күйөөңдү ушул колум менен эле алып көтөрүп эркелетип өстүрдүм эле...

- Ал башка, бул менин балам!

- Мейли, - деп Айым бөлмөдөн чыгып кетти, Жамбы кызына нааразы боло кудагыйы чыгып кеткенде билмексен болуп кирип эшикти ичинен илип алды да Гүлкандын жанына отурду:

- Тур, кайненеңдин жаткан ордун жыйып, үйүңдү жыйнаштыр, - деди ачуусу келгенин билгизбей.

- Бала ыйлап калбайбы?

- Чоң энесине бер!

- Сиз эле алып туруңузчу.

- Мен албайм, чоң энеси алсын.

- Апам үйдү өзү эле жыйнап коет, - деди Гүлкан анан.

- Эмнеге, эми сага төшөк салып бериши эле калыптыр да ээ?

- Апа, эмне болуп жатасыз?

- Атаңдын башы! - Жамбы заардуу карады кызын, - Эне көргөн кыз эмес, өтүк кийген бут эмес дегендей сен мени жаманатты кылып турган жоксуңбу бетбак?!

- Ал эмне дегениңиз апа?

- Бас! - деп кызын алдына салып кудагыйынын бөлмөсүнө кирип бара жатканда Аманат келип калды, Айым өзүнүн жаткан жерин жыйып жаткан, - Кудагый Нурдөөлөттү алып отуруңуз.

- Кудагый, Гүл өзү карай берсин, мен өзүм эле...

- Экинчи мен мындайды укпайын, - деп кызына ачуулу карады Жамбы, - Кудагый, Гүлүнүн кыял жоругун мындан ары мага айтыңыз, мындай болсо эненин атын булгаган кызымды алып эле кетейин, өз небересин карматпаган кандай шумдук?

- Мен макулмун кудагый, өзү менен өзү болушса болду.

- Болбойт! - деди Жамбы өктөм.

- Эмне болду апа? - Аманат кайненеси менен Гүлканды, өз апасын түшүнө бербей карап калды.

- Уул бала деп эне-ата кандай гана урмат кылып жөлөк-таяк кылабыз, сен энеңе өз небересин карматпай жүргөн аялыңдын сырын билесиңби балам? - деди Жамбы.

- Кантип эле?

- Апа, - Гүлкан апасын токтотмок болду, - Болбодубу эми.

- Жок, мен мындайга жол бербейм, анткени мен да энемин, менин дагы жүрөгүм ооруйт, кайненеңе мындай мамиле кыла турган болсоң мени менен кет, сага Аманат ылайык эмес, ага энесин сыйлай турган акыл-эстүү аял керек уктуңбу?

- Апа, мен эмне кылдым?

- Бас үнүңдү!

- Апа, түшүнсөм буйрубасын, - деп Аманат апасына караганда: "унчукпа", - дегендей оозун кымтый башын билинээр билинбес чайкап койду.

- Отур кудагый, - деди анан Жамбы, Гүлкан адатынча ыйлап алган, баары отурушту, - Аманат, мени түшүн балам, сен апаңдын ак сүтүн актадым, бактылуу кыла алдым деп ойлойсуңбу?

- Мм, апа, эненин ак сүтүн актоо оңойго турбаса керек...

- Ап баракелде, эсиң бар экен балам, - Жамбы күйөө баласына ыраазы боло карады, - Эмесе мындай, мындан ары Гүлкандын ар бир кадамына көз сал, эгерде апаңа алая кара, тил кайрый турган болсо эч тартынбай үйгө алып барып ташта, сен али жашсың, аялды тандап, энеңди сыйлай турганын алып алганыңа болот!

- Апа дейм, - Гүлкан апасына жаштуу көзү менен карады.

- Сүйлөбө, мен сенден мындайды күткөн эмесмин.

- Кечирчи апа.

- Сага сөз бере элекмин, - Жамбы Айым энеге карады, - Менде да келин бар кудагый, бирөө эмес төрт келиним бар, сенин жалгыз келиниң, менин кызым келечекте өзү баласынан жакшылыкты күткөн болочок эненин кайненесине жасаган мамилеси менин жүрөгүмдү оорутту, бүгүндөн баштап небереңди гана алып отур, эгерде бир сөз оозунан чыкса Аманатка айт, кетип калгандан коркпо кудагый, сага азыр ушулардын жакшы сөзү, ызааттап сыйлашы гана керек, эмне үчүн бактың бу баланы, урматын көрөм деп тууп багып өстүрдүң туурабы?

- Ооба-ооба...

- Эми бүгүн мен кетейин, көп жүрүп калдым, - деди терең дем ала, Гүлкан үндөбөдү, ордунан туруп Айымга баланы карматып чай коюп, дасторкон жайып кирди.

- Кызым, эгерде менин айтканым кулагыңа кирбесе экинчи апа дечү болбо, - деди Жамбы, - Мен сени кечип коем, ата-эненин атына шек келтирип эрдиң, кайнененин кадырына жетпесең кызым эмессиң!

- Апа кечирчи мени.

- Азыр эмес, сенин аялдык, энелик сезимиң толук жетилип акылыңа келгенде гана көрөм.

- Кой кудагый, эми Гүлү деле жаш...

- Жо-ок кудагый, эрге тийип бала төрөгөнчө акылга кирбесе качан кирет? - Ошондон кийин үн дешпеди, Жамбы таңкы чайдан соң кал дегендерине карабай жолго чыкты, ал кээ бир энелердей болуп кызына өзүнчө шыбырашып сүйлөшпөй ачык айтып жолуна түштү: "Неге, энени тартып кыз туулбайт, атаны тартып уул туулбайт дегендей Гүлкандын түшүнүгү ушунча пас болуп жаралганбы, үйдөгү тарбия анын жетесине кирген эмеспи, канчалаган акыл-насаат айтчу элем, бири да кирген эмес экен да, уккан кулагыма ишенээр эмесмин, эгерде башка бирөө айтса ошого ишенээр белем", - деп ойго батып үйүнө келди, узак жолдо чарчаганга келип эле кыңкайып жата кетти:

- Апа, кардыңыз ачкандыр, чай ичип алыңыз, - деп кичүү келини Гүлайым алдына чай алып келди.

- Үстөлгө эле алып барбайт белең балам.

- Апа, чарчап келдиңиз, ордуңуздан козголбой ичип алып эс алыңыз, - деп кичипейилдик менен чай сунду, - Эжемдер кандай жатышыптыр апа?

- Жакшы эле балам, эми бешигин алып барбасак болбойт.

- Баары даяр эле го?

- Ооба, Күнсулууну күтүп жатпайбызбы.

- Жеңемдер эртең келишет экен го?

- Жакшы болот, анда эртелетип жөнөтпөсөк болбойт, - Эки чыны чай ичип кайра жатып калды: "Айым жакшы аял тура, күйөөсү да өз оюна коюп койсо эсирген экен, эненин тилегиндей ыйык, дагы бийик тилек барбы, Айым кудагыйдын кызымдын алдында кор болушун каалабайм, ар бир эне мендей... А кокус эси жок кызым өз балдарынан ошондой мамилени көргөндө кантээр экен, жок кызым дагы бактылуу эне болушу керек, ошону үчүн аны эсине келтиришим керек, күч менен болсо да", - деп ойлонуп жатып көзү илинип кетти, кечинде Сатар аялына:

- Ээ кемпир, менин кызымдын акыбалы кандай? - деди.

- Сопсонун эле жүрөт.

- Жанагы былжыраган күйөө сөрөйү кызымды кор кылып койбоду бекен?

- Өзүң кандай элең, ошону айтчы? - деди ачуусу келе, келиндери менен балдары дасторконго отура элек болчу.

- Мени эмне кыласың, кызыңды ойло.

- Кызың ханышадай эле жашап жатат, бирөөнү колунда жок деп басынтканды кой, бактысын тиле ар бир балдардын, ошол балдар барган жериндеги жакшы адамдардын баркын биле турган болсун да.

- Эмне, Гүлүнү ошончо эле эси жок дейсиңби? - Сатар аялын ормое карады, - кызым эптеп жанын багат.

- Болду, акыл менен эмес амал менен жашасын дейсиңби, анын кийинкисин ойлойсуңбу? - жамбы жини келе күйөөсүн карады, - Ушу сен пайгамбар жашына барып калсаң дагы бул жалгандын өткөн кезде сыноодо жашап кетирген кемчиликтериң үчүн жооп бере турган күндү ойлобойсуң, - деди.

- Кемпир, бу жашоодо жыргап ал, а дүйнөгө барганда кандай болоорун ким билиптир, барып көрүп келген ким бар дейсиң?

- Эк, сага айткан кайран сөз, - Жини келип тескери карап кетти, аңгыча уул-келини келип калды, чай ичилип бүтө жаздаганда улуу баласы Темир:

- Апа, Гүлканга ким-ким барат? - деди.

- Бешик эле эмес себин кошо беребиз, күтүп отура берет белем, балалуу деги болду, үй күтөт деген ошол, абысын-ажынга кеп кылбай берчүнү берип көөнүмдү тындырайын.

- Ой кемпир, деги акылың жайындабы? - Сатар аялына ормок тиктеп калды, - Сен кызыңа үстөк бермексиңби?

- Үстөк эмес сеп беремин, кызымдын түшкөн жери түшүнүктүү, адамгерчиликтүү адамдар экен, адамды дүнүйө менен байлык менен баалоого болбойт, күйөө балам андан жакшы жигит экенине көзүм жетти.

- Мен андай ойлобойм, түккө тургус, жакыр немеге кызымды да ыраа көрбөйм.

- Сен сенсиң, мен айтканымды аткарам, - деди аста Жамбы, алар айтыша баштаганда эки келини ары туруп кетишти, - Сатар, Аманаттын жашында сен ким элең, жалгыз кызы үчүн сага атам баарын берди, күйөө балаң бирөөнүн көз карегиндей жалгыз баласы, эрке талтаң кызыңдын кыял-жоругун көтөрүп отурган ошол эне-балага ыраазы болуп келдим, - Сатар унчукпай калды, ырасында ошондой эле, Жамбы Керимдин жалгыз кызы болчу, Сатарга жетим экенине карабай турмушка чыкканда баарын берген, ата-энеси өлгөн соң бардык байлыгы ушунда калган, Жамбы дагы башынан бир айтканынан кайтпаган аял, аны билет, ошондуктан ага башка сөз айтуу кыйын эле. Эртеси Жамбы Аманаттарга киши жиберип ийди: "Айтпай койсом басынткандай болуп калабыз", - деген ойдо болуп турду. Айтылган күнү жөнөп калышты, Айым келининин себи келээрин угуп туугандарын, жалгыз иниси менен эжесин чакырып кеңеш курду. Аманат шарты жогун айтып токтотмок болду эле Айым ага болбоду.

- Куданыкы кудайдан деген балам, камынып алса кое тур дегенибиз болбойт, эл бар, журт бар эмеспи, тууган-уруктар турат, уят болбойбуз.

- Апа, ошентсе да...

- Кой балам, андан көрө азыр мал семиз, тагаңдыкына барып эки ирикти алып келип кой, бирин кешик кылабыз.

- Макул апа, - Аманат шылкыя сыртка чыкты, Гүлкан баягыдан кийин оңолуп калган, үй ичин таза кармайт, баланы Айым алып отуруп уктатат, оңуп эле калды, эки кызы дагы буга кубанып "Гүлү, Гүлү", - деп келининин көзүн карап калган. Кудалары чоң камазга жүк жүктөп, артынан эки машина менен келип калышты, аларды топурап тозуп алышып ичкери киргизип бир-эки чыныдан чай ичкен соң жамбы Айымга кайрылды:

- Кудагый, эми жүктү түшүрүшсүн балдар.

- Түшүрүп жатышат кудагый, отура бериңиз, - Айым небересин жыттап койду, - Кудагый, өзүңө алкышымды кантип билдирээримди билбей турам, Гүлүнү тарбиялап бердиң, - деди күлүп.

- Кудагый, биз бул жарыкчылыкка конокко гана келгенбиз, бардык адамдардын жакшы жашап өткөнгө укугу бар, кызымдын кыял-жоругун мен билем да.

- Ыраазымын, башка болсо кайра кайрап турса менин көргөн күнүм не болот эле, уул-келинимди суук кылбайын деп жүрүп арман менен өтүп кетээр белем...

- Андай болбойт кудагый, сенин ардактаган балаңдын жары дагы сага бала эмеспи, - деди Жамбы, ошол убакта чоң бөлмөгө септи киргизишип келин-кесектер орнотуп сый көрсөтүү башталды, сыртта конок күтүп жаткандар аял-эркек дебей сөз кылып тамшанып жатышты:

- Укмуш алып келиптир го, тигил диван-креслолору эле бир канча турат, гарнитурларычы.

- Төшөнчүнү да укмуш жасаптыр.

- Кыскасы кынтыгы жок, эми Аманат жакшы жөнөтөөр алаар бекен, кээ бирөөлөр ушундайдан эле балдарын ажыратып коюп жатышпайбы.

- Айым энемдин дагы элге-журтка кадыры чоң, нааразы кылып жөнөтпөйт, туугандары турбайбы.

- Бешикти дагы кошуп келиптир ээ?

- Ананчы, кыскасы бардар немелер окшойт.

- Ай жүрү бешикке салып жатат көрөлү, - деп бир келин бирин чакырып кирип кетти, Гүлкан ата-энесине ичинен ыраазы болуп жатты, апасынын сөзүнөн кийин терең ойлонуп көрүп өзүнүн кылыгына уялып калган эле: "Кызым, эч кимге башыңды ийбе, сага күйөөнү чекесинен чертип таап беремин, жакпаса баса бер", - деп айткан атасынын сөзүн эстеп жылмайып алды: "Качан болсо атам апамдын акылы менен иш кылат, чынында апам акылман экен, баласын сүйүп койнунда жатып, энесин кодулаганым уят эле болуптур", - деп ойлонуп калган: "Эси жокко миң айт, эси барга бир айт, жакшы ат камчы салдырбайт, жакшы киши айттырбайт", - дегендей неге өзүм деле карып эртең эле өз кылганын апасы айтканда гана түшүнгөнүнө өзү уялды. Себин алып келгендерди семиз тай союп коноктошту, кудасынын келбегенине капа болуп устуканды чийки коюп, бир сыйра кийитти салып Жамбыга, улуу уулу менен келинине, Жапар менен аялы экөөнө дагы баш аяк кымбат баадагы кийит кече кийгизип кешикти мол салып берип, сүт акысына торпок салып берип узатышты. Колунда жок кол куушуруп отуруп албай өз намысы үчүн кудаларын жөнөтүп алган Айымдын көңүлү тына түштү: "Катын албай кайын ал деп уулумдун багына кайын журту түшүнүктүү болгону ырас болду, мен өлсөм дагы алар жер каратпайт, келиним дагы Кулактууга бир айт демекчи энесинин сөзүн угуп баш ийип калды, эси бар экен, кудайга шүгүр", - деп өзүн жеңил сезе терең дем алып алды. Гүлкан уулу жөрмөлөп калганда кайрадан кош бойлуу экенин билгин соң Аманатка:

- Мен алдырып эле койсомбу деп жатам, удаа болуп кетсе кыйналам го? - деди кабак чытып.

- Ал эмнең Гүлү, биз сүйлөшүп жүргөндө мага окшош уул, сага окшош кыздуу болсок, биздин балдарыбыз үч уул, үч кыз болсо дечү эмес белек?

- Ооба, эсимде Аман, бирок...

- Эмне бирок, биз бага албай кала турган акыбалда эмеспиз, ар бир наристе өз ырыскысы менен төрөлөт эмеспи, апам дагы укса капа болот, - деди Аманат келинчегин имере кучактап.

- Өтө эле жакын болуп жатпайбы, бир жарым жаштан болот экен, бир аз алысыраак болсо болот эле, - Гүлкан күйөөсүнө эркелей кетти, - Эмитен эле бала басты болуп картайып кетпейминби?

- Койсоңчу, төрөгөн аял жаңырып, жашарып тураарын укканмын жаным.

- Чын элеби?

- Калп айтканым жок.

- Кызык экен.

- Эмкиси сага опокшош сулуу кыз болот.

- Уул болуп калсачы?

- Мейли, ким болсо дагы бактылуу болуп төрөлсүнчү, - Аманат ойлуу келинчегин кучактап жатып калды, - Ата-энеси менен болсун...

- Эмнени ойлонуп кеттиң Аман?

- Өзүмдү.

- Эмнеге?

- Мен атамды билбей калдым...

- Кудай сактасынчы, - Гүлкан күйөөсүн чопулдата өөп ийди, - Сен аман болсоң болду, мейли жыл сайын төрөсөм дагы.

- Балдарымды өзүм тарбиялап өстүрсөм арман жок, пешенеге жазгандан кантип кутулмак эле адам, кудайдын көзү түз болуп экөөбүз кемпир-чал болуп, келиндин кызматын, кыздын ызаатын көрөбүз буйруса.

- Ошондой десең, коркутуп ийдиң.

- Атамды ойлонуп кетпедимби, эжемдер бир аз билет экен, а мен сүрөттөн көрдүм да, - м улутунуп ийди.

- Жа-аным, капаланбачы эми, биз балдарыбызды экөөлөп өстүрөбүз, акыл-эстүү, сулуу балдар болушат...

- Кел эми уктайлы, эртең эрте жумуш.

- Уктай гой, жакшы жат, - Экөө кучакташып жатып уй куга киришти, Нурдөөлөттү Айым өзү алып жатат, эмчек эмгенден кийин эле алып кетчү, негедир болпоюп түнкүсүн тынч таң атканда гана ойгонот. Гүлкандын кош бойлуу экенин уккан Айым кубанып алды, ал анын алдырам дегенин уккан дагы жок, Аманат айткандан кийин ал оюнан кайткан. Бирок турмушта бир күтүлбөгөн окуялар болуп кетет эмеспи, тагдыр аларды дагы сыноосуна сала турганынан кабары жок бактылуу жашап жатышты...

Мектепте Гүлжан аттуу келин иштейт, жакында эле келген, көздөрү карагаттай жайнаган, кирпиктери музоонукундай узун, чачы такымынан ашып турган куурчактай келишкен жан. Үнү дагы назик, мүнөзү жумшак, ак көңүл , баладай ишенчээк келин, мурда күйөөгө тийип отурбай баса бериптир, бирок ал күйөөсү аны үч жолу ала качып кийин бир айдан кийин качып кеткен экен, эми дагы келип кетип көндүрө албай жүргөн имиш дешет. Адегенде ага Аманат баам салган деле эмес, контордо жыйналыш боло калса эле бири-бирин көрбөсө бири түштөн мурун, бири түштөн кийин сабак бергендиктен көп деле кезигишпейт. Бир күнү директордун кабинетинен чыгып келе жатса алдынан чыга калды:

- Саламатсызбы? - деди ал Аманатка жылмая карап.

- Саламат, кандай Гүлжан?

- Жакшы, агай бар бекен?

- Ооба.

- Аа-а, мен анда кирейин, - дегенде гана Аманат жол бошотпой эле жалдырап тура бергенин билип уяла түштү.

- Ооба-ооба, макул анда.

- Сиз бошодуңузбу? - деди Гүлжан кайрыла.

- Ооба, иш бүттү, - Аманат жылмая карады.

- Менин сизде бир ишим бар эле, бир аз күтө аласызбы?

- Жарайт.

- Анда мен азыр, - Гүлжан кабинетке кирип кетти, Аманат аны күтүп терезени тиктеп турганда, - Көпкө күтүп калдыңызбы? - деген коңгуроодой назик үч артынан угулду.

- Жок-жок, анча деле эмес, тез эле чыктың го, жумушуң бүттүбү? - деди кайсалактап, келиндин көздөрү анын карегинен тешип өтүп түз эле жүрөгүнө сайылгандай "тыз" этип алды да андан көзүн ала качты, - Кана сүйлө...

- Ушул жерденби? - Келин кирпиктерин ирмегилей күлкүсү келе суроолуу тигилди.

- Анан кайда...

- Бир жерге отурсак болот эле.

- Ошончолук эле маңыздуу сөз барбы?

- Ооба, - Гүлжан алдыга басып бош класстардын бирине кирди, Аманат анын артынан бара жатып: "Эмне сөзү бар болду экен", - деп ойлонуп алды, - Отуруңуз, - деп ал үстөлдү көрсөттү, өзү тике маңдайына отурду, - Мен сизге бир маселе менен кайрылып отурганым, - Күлмүңдөй кашын серпе тигиле туруп калды:

- Кандай маселе экен, кулагым сенде.

- Сиз менен бир мектепте иштесек дагы жакындан тааныша элекпиз, сиз таңгалып турган чыгаарсыз?

- Жо-жок эмнеге, айта бер.

- Менин күйөөм келе берип тынчымды алып жатат, күйөөгө тийип алганмын десем дагы ишенбейт.

- Бул маселеге кирбейт го...

- Жок, дал ушул жөнүндө айтуум керек, кыскасы сунушум бар, - Ого бетер күлмүңдөй, каштарын серпе, көздөрүн жалжылдата карады.

- Кызык, кандай тиешеси бар?

- Күйөөмдү ишендириш керек.

- Кантип, сүйлөшүп чыктың беле?

- Сүйгөн эмесмин, ала качып кеткен.

- Маселеге келсек...

- Сиз ага жолугуп менин күйөөм экениңизди айтасыз.

- Жок-жок, андай болбойт, менин аялым, балам бар да.

- Аны билемин, ал бул жерлик эмес, түңүлгөн соң кетет, мен андан биротоло кутулам, - дагы күлүмсүрөй карап жооп күтүп калды.

- Мен андай кыла албайм Гүлжан, аялым укса...

- Эч ким билбейт.

- А билип калса үй-бүлөөм бузулат.

- Мен ага жол бербейм.

- Таарынба Гүлжан, мен сени карындашым катары сыйлаймын, бирок анте албайм, - Аманат алакан жая ордунан туруп кетмек болду, келиндин жүзүнө тик кароого батынбады, көзүнө караса эле сыйкырдуу оттой жайнаган көз карашы аны өзүнө сиңирип алчудай жүрөгү дүк-дүк этип согуп өзүн эрктен тыш арбоого туш келгендей сезип босогого жетти.

- Суранам, Аманат аке.

- Болбойт, бул оюн эмес.

- Түшүнөм сизди, бирок аргам дагы жок.

- Башканы айтсаң болбойт беле? - деди бурула.

- Ылайыктуусу жок, көбү улуу агайлар, бойдокторуна айтсам мени эрмектеп албайбы, сиз андайга барбайсыз.

- Билбейм, - Аманат аны саамга тигиле карап: "Ырас эле, жармашып алаары бышык, мындай келинди колдон чыгармак беле, башы бош, сулуу дагы, чынында кудай муну артыкча жараткан экен да, бир кемчилиги жок, үрдүн кызы дегени болсо ушунчалык болоор да", - деп ойлонуп кетти.

- Кандай дейсиз, болгон он-он беш мүнөт жанымда болосуз.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Ал ушул эле жерде акмалап жүрөт, күйөөм шаарга кеткен деп койгонмун.

- Бул жерде болсо эмдигиче сураштырып билди го?

- Ал андай эмес, мени эле акмалап жүрөт.

- Ойлоноюн, эртең жооп берейин.

- Жарайт, - Гүлжан кубанганынан жадырай күлө карап анын артынан басты, экөө ээрчише бош класстан чыкканда коридордо эч ким жок эле, коштошо эки жакка кетишти. Үйүнө келген Аманат эмнегедир ойлуу тартып Гүлжан көз алдынан кетпей эмне кылаарын билбей отурганда:

- Аман, эмнеге ойлонуп калдың, тамактанып ал, - деди Гүлкан ийинине колун кое.

- Чарчадым.

- Эс ал, мен дагы жаткым келип турат, ай күнүм жакындап калганга оорлошуп эле бара жатам.

- Алтыным десе, сага үй түйшүгү да оор келип жатат го? - деп Аманат келинчегине боору ооруй кучактап өөп экөө ээрчише тамак ичишчү бөлмөгө киришти, алар себи келгенден бери дасторкон жайбай эле чакан бөлмөнү ашкана кылып, үстөлгө отуруп ичишчү, анткени ашкана эмеректерин дагы алып келген болчу. Айым эне баягыдай эмес, келинине боору ооруп жардамдаша коюп небересин карап өнтөлөп турат.

- Амантай, Гүлүнүн дагы айы күнү жетип калды, Датканын чоң кызын алып кел, жардамдашсын, кыйналып калат, - деди эне тамактанып отурганда, - Мен дагы баладан чыга албай калдым балам.

- Макул апа.

- Апа, эжем жибереби? - деди Гүлкан.

- Жибербей эмне, өзү деле Самат экөө айткан.

- Анда жакшы болот эле.

- Мен эртең барып алып келейин, сабактан кийин, - деген Аманат келинчегин уурдана карады: "Сулуулуктун да бир башкача сыры, сыны болот тура, мен Гүлканды сүйгөнүм үчүн сулуу көрүнсө керек", - деп ушул ирет анын кирпик кашына, мурдуна серп салып отурду, алдындагы тамак муздап бара жатканын сезбеди.

- Аман, сага эмне болгон? - деген Гүлкандын үнүнөн улам селт эте карады, дагы деле оюнда Гүлжан: "Ал таптакыр башкача", - деп ойлоду ал, - Тамак муздап калды.

- Аа-а азыр, - Аргасыз кашыкты алып тамагын ичкен болду, бирок жүрөгүнө эч барбай азыраак ичип ары түртүп койду, - Чай болсо эле ичейинчи.

- Сен ооруп калган жоксуңбу? - Гүлкан анын чекесине колун тийгизди, - Ысытмаң деле жок экен, эмнеге ойлонуп жатасың?

- Ойлонгонум жок, - Туруп ички бөлмөгө кирип кетти, Гүлкан анын бир күндө өзгөрө түшкөнүнө таңгалып калды, бирок сыртынан билдирбеди, кеч кирип жаткан кезде:

- Аман, сен бүгүн башкачасың, - деди.

- Ошондой көрүнүп жатсам керек.

- Көрүнбөй эле бир нерсе болгон сага.

- Жаман ойлобочу жаным, башым салмактанып турат, - Келинчегин өзүнө тартып өөп койду, - Сени аман-эсен төрөп алса экен деп жатам.

- Кудай буйруса экинчи балабыз болот, - деп улутуна түштү Гүлкан, - Мен түндө бир жаман түш көрдүм.

- Жаманды да жакшыга жоруш керек жаным.

- Билбейм, чоң энем кирип сен мага көйнөк тигип бересиң, - деп жатыптыр.

- Анда жаңы кемпир көйнөк алып карыган, бечараларга берип кой, - деди Аманат кооптоно, ал түшкө аябай ишенчү.

- Ошентсем бекен?

- Ооба, чоң энеңдин арбагына куран окуп, көйнөктү берүүң керек.

- Эртең апама кеңешейинчи.

- Апам билет, кимге бериш керектигин.

- Ырас эле, - деди да унчукпай калды, ошол бойдон уйкунун сырдуу дүйнөсүн аралай мемиреп кетишти. Эртеси келининин түшүн угуп Айым эне чоочуп кетти:

- Ботом ошондо эле айтпайт белең?

- Сизден тартындым.

- Тартынып эмне, кой камыр жууруй коеюн, токоч жасап бир эки коңшуну чакырып куран окуталы. Көйнөктүн жарасы жеңил, даяр кемпир көйнөктү тигил Бурма эжеге эле берип келем, келиниме батаңды бер деп, ичиңден чоң энеңдин атына атап кармап кой балам, - деди да токоч жасап коңшусун чакырып чай берип куран окутту да алар менен келген Бурмага көйнөктү Гүлкан өзү берди:

- Бурма эже, келиниме батаңызды бериңиз, атайын ушуну даярдады эле, - деди сизге дебей Айым эне.

- Рахмат айланайын, аман-эсен көз жарып ал, алганың менен тең карып, уул-кыздын бактылуу ата-энеси болгула садага, оомийин оло-оху аквар! - деп алакан жайды Бурма. Ал ушул айылда төрөлүп өскөн, турмушка дагы ушул айылга чыгып согончогу канабай күйөөдөн чыккан бойдон кайра тийбеди, токсон бирге чыкканча инисинин колунда жүрүп, балдарын багып күн көрүп келет. Бала-чаканы эмдеп коет.

- Айтканыңыз келсин эне, - деп Гүлкан ага ийиле жүгүндү, аны Айым айткан болчу.

- Аман-эсен көз жарып ал айланайын, - деп коңшулары бата берип үйлөрүнө кайтышты. Бирок жазмыш дегениң ойго келбеген жерден баарын өзгөртүп жиберчү күчтүү эмеспи, толгоо келбей айынан өтүп бара жатты, Аманат аны анча ойлобой эле Гүлжандын түйшүгү менен болуп калды. Кубат абдан түшүнүксүзбү же Гүлжанды эси кете сүйгөнбү Аманат менен жолукканда мушташып кете жаздады.

- Эй калп айтпа, Гүлжан менин гана аялым, экөөңөрдүн абийириңерди төгүп жүрбөйүн, - деди мыскылдай, - Ойнош күткөнгө жетишкен экенсиң да?

- Мени менен ишиң канча, тынчымды алба дебедим беле, мен сени сүйбөйм! - деди Гүлжан.

- Гүкүш, мен сени сүйөмүн, эч качан башкага бербейм!

- Жигит, - деди Аманат сапсары, каш кирпиги билинбеген узун бойлуу арыкчырай жигитти көңүл бура карап, - Сен өзү адамдарга ишенесиңби?

- Эмне ишиң бар? - Кубат кайра ага мыскылдагандай карады, - Аялыма ишенбейм, анткени менин сүйүүмө түкүрүп коюп басып кеткен, мен мындан өлүп ажырабасам тирүү ажырабайм, же экөөбүз тең өлөбүз.

- Кыскасы ишенбейт экенсиң да, сага закс көрсөтсө ишенесиңби?

- Жок, баары бир.

- Гүлжан азыр менин аялым...

- Ха! - деди ал тыбырчылай айласы кетип ары-бери баса, - Ушу сөзгө ким ишенет, кел анда "дуелге" чыгабыз, жеңгенибиз Гүлжанга ээ болобуз, - Тике маңдайына келип мышыктай болуп тиктеп калды:

- Псих! - деп жини келди Гүлжан, - Кеттик Аманат.

- Кете бергиле, дагы кездешебиз.

- Кайыр, - деп колун көтөрүп койгон Аманат Гүлжанды колтуктай басып бара жатканда алдынан Канайымдын кызы Сүйүн чыга калды эле экөө бөлүнө берди, Кубат аларды узата дале карап турган.

- Тага, мен сиздердикине бара жаткам, - деди Аманатты көрүп, анан Гүлжанды бутунан башына чейин сыдыра карады.

- Сен бара бер Сүйүн, мен артыңдан барам.

- Макул, көргөнүмдү айтайынбы? - Сүйүн жылмая күлүп коюп жөнөй берди.

- Көргөн жоксуң, - деди Аманат анын артынан.

- Жара-айт! - деп артына бурула бир карап алып жөнөп бара жатканда аны Кубат тозуп калды.

- Чоң кыз, тигилерди тааныйсыңбы?

- Ооба, эмне болду?

- Алар эрди-катынбы?

- Эмне? - Сүйүн түшүнө бербей кашын көтөрө көздөрүн алайта карап калды.

- Аялыбы жанындагы?

- Эмне кереги бар сизге?

- Жөн эле...

- Ооба, - деп коюп жөнөп бара жаткан Кубат кызды ээрчип алды, - Сизге эмне керек? - Сүйүн токтоп калды.

- Сизди жактырып калдым.

- Барыңызчы ары! - деп жиндене басып кетти.

- Чоң кыз атыңызчы айтып коюңузчу, - деп кала берди, ошол бойдон Гүлжандан үмүтүн үзүп өз жерине кетип калды. Кечке маал Аманат үйгө келсе Сүйүн ага сырдуу карап жылмайып койду.

- Келдиңби балам? - деди Айым эне.

- Ооба.

- Келин кыйналып жүрөт, айынан өтүп кетти, райондогу доктурга алып барсаң боло балам.

- Бул жердеги врачы эмне деп жатыптыр, үйдөбү Гүлкан?

- Ооба, буттары шишип кетти.

- Көрөйүнчү, - Аманат ичкери кирип келинчегинин жанына отурду, - Врачка көрүндүңбү?

- Ооба, эртең районго бар дейт, кесип алат го?

- Эмнеге? - Аманат чоочуп кетти.

- Айымдан өтүп кетти, толгоо жок, корком Аман, - Гүлкан ыйлап ийе жаздап токтоду.

- Коркпо жаным, аман-эсен төрөп аласың, анда эртең районго баралыбы?

- Барбасак болбойт, минтип жата берсем өлүп калам.

- Жаман ойлобо алтыным, Нурдөөлөттү кандай төрөсөң ошондой эле бошонуп аласың, - Аманат келинчегин эңкейип жүзүнөн өптү, - Коркпо жаным.

- Билбейм он бир ай болуп бара жатат.

- Өзүң билбей калгансың го?

- Врач дагы ошентип жатат, бирок менин эсебим туура эле болчу, - деди өйдө боло, - Аман-эсен көз жарып алсам экен, сен болбой койбодуңбу, алдырып эле коймокмун, - Онтолой туруп эшикке жөнөдү.

- Каякка?

- Эшикке чыккым келди.

- Ии-йи, кошо чыгайынбы?

- Байкап турчу, жыгылып калбайын.

- Макул, - Аманат ойлуу аялынын артынан басты, чын эле басышы да кыйын болуп калган экен: "Ушуну байкабаганымды кара, байкушум десе аман көз жарып алса экен", - деп ойлонуп ажатканага чейин көздөп барып алып келди. Эртеси Аманат жооп сурап сабагын табыштап коюп Гүлканды төрөтканадан жолдомо алып районго алып келди, аны көргөн гинеколог Аманатты карап:

- Ушуга чейин эмнеге кармадыңар, тезинен операция жасоо керек, - деди да асисентине, медсестраларга кайрылды, - Тезинен анализдерин текшергиле.

- Жакшы элеби эже? - деди Аманат корккон түрү менен.

- Аракет кылабыз, кыскасы анализдери чыккан соң билинет, - деди гинеколог кабинеттен чыгып бара жатып, эртеси Гүлканды операция жасашты, абалы өтө оор болду, экөө кыялдангандай эле кыз болду мунусу, наристе айынан өтүп чачы өсүп, тырмактары узун болуп, шишик төрөлдү. Гүлкан эчтеке билбей жатты, канды токтотуу да кыйын болду, Жамбы келин экөө келген, Даткайым менен Канайымдар, Жибек болуп ошол жерди, Айым эне небересин алып үйдө калган, кудайга жалынып жүрөт:

- Ээ айланайын жараткан, келинимди аман кое көр, балдарынын багына аман болсо экен, - деп күңгүрөнүп отурганда босогодон иниси баш бакты, - Кел Тагай, ырас келбедиңби айланайын.

- Эмне болду эже, тынчтык элеби?

- Кайдан, келинди операция жасап баласын алышыптыр, абалы оор дейт, сен дагы кабар албасаң болбойт.

- Кудай сактасын эже, анда мен барып көрүп келейин, - Тагай кайра дарбазадан чыкты да унаасына отуруп жөнөдү, ал келгенде Гүлкан өзүнө келип кубанып турушкан экен, баары бирден көрүп чыккан соң ал күйөөсүн чакырды, кирип эңкейип эки бетинен өөп жанына отуруп Аманат колдорун кармалады.

- Кандай, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Жакшы, - деди келин алсыз, - Аман.

- Оов, эмне дегиң келди эле жаным?

- Кызыбыз кимге окшош экен? - Жылмайган болду, бирок жүзү боппоз болуп өңүнөн өлүмдүн жышааны байкалып турду.

- Сага окшош, куюп койгондой окшош.

- Ийи, - деп төшүн кере дем алып алды, - Аманат, балдарымды жакшы кара ээ?

- Эмне деп жатасың Гүлү, аман-эсен төрөп алдың эми жакшы болуп үйгө барасың, - деп Аманат далбастай түштү.

- Жок, сен мени угуп тур...

- Гүлү...

- Угуп турчу мени, кудай жалгагыр!

- Жаман ойлобочу алтыным, - Аманаттын көздөрүнөн жаш куюлуп келинчегинин чачтарынан сылап чекесинен өөп башын жерге салып турду.

- Аман, балдарды кор кыла көрбө, мен адам болбойм, жанараак эле чоң ата, чоң энем мени колумдан жетелеп алып кетти, кызыбыздын атын Пери кой ээ, - Гүлкан дагы жылмайды, ыйламак болуп ыйлай албай деми кыстыга демигип алды, - Тилегиме жетпедим, бактылуу бол, балдарга көз бол!

- Гүлү антпе, сен жакшы болуп кетесиң! - Аманат үстүнө артыла кучактап алып солкулдап жатты, - Сен аман каласың алтыным, жаман ойлобочу.

- Чү-үш, - деди Гүлкан, - Кызымды мага бир көрсөтчү.

- Азыр, - Аманат шашыла сыртка жөнөп сестрага барып наристени алып жетип келди, - Мына Гүлү, кызыбыз өзүңө эле опокошош, көрдүңбү алтыным? - Аманаттын артынан Жамбы менен баары кирип келип Гүлкандын кара-терге түшүп алсыз наристени жыттап жатып көзүнөн жаш куюлуп жатканын көрүп ыйлап жатышты, ошол учурда Гүлкандын бала кармаган колдору шалак дей түшкөндө Аманат бакырып баса калды, - Гүлү!

- Гүлү! - Жамбы жетип бир жагынан кучактап өксүп жатты, ошентип жаш келин жыйырма сегиз жашында жайрады, ызы-чуу түшүп айылга алы жөнөштү, Айым эне үйүндө небересин көтөрүп алып:

- Кудай ай, сол көзүм тартат да, карыган кезимде жамандык көрбөй балдарымдын алдына кетсем болот эле, - деп тынчы кетип жатканда иниси Тагай менен эки кызы келип баланы алып Айымды үйгө киргизмек болушту, - Айланайындар, Гүлү аман-эсенби деги, айтсаңар боло?

- Эже, кайрат кыл эми, келинден айрылып калдык! - деди Тагай.

- Аа-ай! - Эне эсин жоготуп койду, эки кызы ызылдап эсине келтиргенче өлүктү алып келип "өлгөндүн жазасы көмгөн", - дегендей арыдан бери эл чогулуп камын көрүп үй тиге коюшту. Аманаттын эси эңгиреп эле калды, эми эле маңдайында турган аялы бир жакка чыгып кеткендей, кайра жаркылдап кирип келчүдөй боло берди. Коеор күнү, качан мүрзө башында гана ал чындап айрылганын сезип буркурап боздоп жатты. Эки баланы карыган энеси экөө карап кала беришти, Даткайым менен Канайым тез-тез келип турат, экөө тең бирден кызын берген, кирип чыгып чайын кайнатып берип наристеге каралашып жатты. Сүйүндөн Даткайымдын кызы Каныкей бир жаш кичүү эле, экөө тең бойго жетип калышкан.

- Сүйүн, - деди бир күнү Каныкей.

- Эмне?

- Жигитиң барбы?

- Эмне-е?

- Билмексен болбочу.

- Сүйлөбөчү.

- Мен билем, - Каныкей бырс күлдү.

- Өлтүрөм, оозуңду жаап жүрчү.

- Эмне экен, ал сени сүйөбү?

- Болду дейм, - Сүйүн тура калганда Каныкей качып жөнөдү.

- Таежеме айтам.

- Айта бер, мен жаш белем? - Сүйүн унчукпай калды, кубалаганын да токтотту, - Бери кел тийбейм.

- Сенден коркпойм.

- Бери келчи, тайнемдер угуп коет.

- Эмне, айтып бересиңби? - Каныкей жакындады.

- Ооба, сен өзүңдүкүн айтасың.

- Эмнени?

- Билмексен болбо, сенин жигитиңди мен дагы билем, - деди Сүйүн, Каныкей анын жанына келди, - Кел дос болобуз, бири-бирибизге сырыбызды айтып турабыз, макулбу? - Сүйүн бөлөсүнө чыпалагын созду.

- Жарайт, - Экөө чыпалак тийиштирип турганда:

- Сүйү-үн, ээ Каныкей! - деген Айым эненин үнү угулду, алар жүгүрүп үйгө киришти, - Кайда жүрөсүңөр, Нукуну ойноткулачы.

- Ыйлап жатабы тайне? - деди Сүйүн.

- Ооба садага, - Айым эне Нурдөөлөттү жетелеп Сүйүнгө берди, ошол убакта Аманаттын иштешкендери чогулуп келип калышты, мурда келип кетишкен, эми чогулуп куран окутканы келишкен эле, арасында Гүлжан дагы бар.

- Саламатсызбы эне, арты кайырлуу болсун, - деп директор Салимбай Рахманов Айым энеге учурашты.

- Келгиле балдарым, үйгө киргиле, - Эне алар менен учурашып ичкери баштап кирди, Аманат диванда наристени алдына алып ойлуу көзүнүн жашын төгүп отурган эле, кесиптештерин көрүп ордунан тура калды.

- Келиңиздер...

- Ээ Аманат, кайгынын да чеги болот, кайрат кыл эми, мына бул балдарың үчүн кен керексиң, - деди директору далыга таптай, - Кой минтип отурсаң жоголуп кетесиң.

- Кайрат кыл Аманат, акыбалыңды көрүп учурашып келели деп эле келгенбиз, - Асыл деген улуураак мугалим алып келгендерин дасторконго койду, - Бул биздин сага деген көңүл жубатаарыбыз, - деди да миң сомдуктан бешти карматты.

- Тим эле койсоңуздар болбойт беле.

- Кантип, Гүлкан дагы биз менен иштеп калды, айла жок экен, жаш кетти байкуш, күлгүндөй курагында жаман болду, - деди Айнура деген геометриядан берген мугалим, - Сенин көңүлүңдү көтөрөлү деп келдик, - деп андан соң ар кимиси сүйлөп көңүл айтып отуруп кетишти, Гүлжан үндөгөн жок, кетээрде гана:

- Кайрат кылыңыз, - деди аста гана, алар кеткен соң Аманат бир топко ыйлап отуруп анан уктап калды, Перини Сүйүн менен Каныкей карап жатты. Кыркын өткөргөн соң Аманатты директору чакырып жумушка чык деди эле эки-үч күн өткөрүп анан чыкты.

Сабыры сузданып сабагы бүтөөрү менен эле үйүнө жөнөйт, ал өзүн Гүлкан кадимкидей эле күтүп отурган сыяктанат, келген соң ал жок экенине ынангандай кичинекейин колуна алып жыттап-жыттап алчу болду.

- Балам, - деди бир күнү Айым эне, - Минте берсең түгөнөсүң го, кантейин эми, колумдан келсе кошконуң менен тең карысаң болот эле, - Эне уулунун кайгысына жүрөгү ооруй карады, - Андан көрө жашаарымды жашадым эле, мени алса болот эле, сенин кайгырганыңды көрүү мага да кыйын болду.

- Апа, антип айтпачы, сени жоготкум келбейт.

- Мен куруюн, менин жашоом эми кимге пайда, Гүлү жаш эле да, - Жашына муунуп зорго сүйлөдү, - Сенин кайгырганыңды көрбөсөм болот эле го?

- Апа, сен менин ырысымсың, неберелериңди чоңойтосуң, айла жок эмне кылабыз? - Аманат апасын кучактап алып солкулдап ыйлап жатты, ошол күндөн тартып Аманат өзүн карманып унутууга аракет кыла баштады: "Балдарым үчүн жашашым керек, Гүлү дайындап кетпедиби, экөөнү жакшы адам кылып чоңойтуум керек", - деп кайратын жыя өзүн алаксыта баштаганда ага бир күнү Гүлжан мектептен жолугуп калды.

- Аманат аке кандайсыз?

- Жакшы-жакшы.

- Балдарыңыз чоңоюп жатабы?

- Шүгүр, эптеп-септеп...

- Сиздин кайгыңызды тең бөлүшө алсам кана.

- Эчтеке эмес, ар бир адам өз жүгүн өзү көтөрүүгө мажбур.

- Аныңыз туура дечи.

- Күйөөң келбей калдыбы?

- Ооба, сизге рахмат.

- Жакшы болгон экен, өзүңө жаккан адам чыкчудайбы? - Аманат өзүн алаксытмакка аны бир аз тамаша кылмак болду, бирок бул келиндин көз карашы жан дүйнөсүн эбак эле ээлеп алганын ал сезбеди, арадан өткөн кайгылуу окуя, айрылуу аны капыстан абдыратып салган болчу.

- Кайдан, чын жүрөгүнөн сүйүп жар болууга чыкпады, ал эми өзүн жактырган адам мени жактырбайт, кээ бир алаңгазар жигиттер ала качууга бел байлаганы менен мен мүмкүндүк бербейм, дагы да турмушум болбой калабы деп коркомун.

- Өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө тийсең жакшы эле го?

- Жүрөгүң каалабаган адам менен супсак өмүр сүргөнчө жалгыз жүргөнүм артык, - Гүлжан улутунуп алды.

- Өзүң сүйгөн адам барбы?

- Ооба.

- Ал сени сүйөбү?

- Кайдан, менин өзүн сүйөөрүмдү сезбейт дагы, - Гүлжан Аманатты жалжылдай карады, - Мен сүйгөн адам мени мен сүйгөндөй сүйсө бактылуу болоор элем...

- Байкап көрбөйсүңбү?

- Байкап эле жүрөм, мен жөнүндө ойлогусу да келбесе керек.

- Эмнеге андай деп ойлойсуң, балким ал деле сүйөттүр, сенден сүрдөп айта албай жүргөн болсочу?

- Сиз ошондой деп ойлойсузбу?

- Ошондой болуу да мүмкүн, сен сыяктуу эле.

- Эркек өз сүйүүсүн айтуусу шарт, адатта аялзаты өз пикирин билдиргени уят иш, алгач эркек билдирүүсү керек да туурабы?

- Аның чын, макул Гүлжан өз тилегиңе жет, менин кетүүм керек, балдар апамды кыйнап койбосун, - Аманат кетмек болду, - Жолугабыз да.

- Жакшы барыңыз.

- Эмкиде сүйгөнүң жөнүндө жакшы кабар айтчудай бол, - деп коюп Аманат жөнөй берди, Гүлжан аны узата карап тура берди: "Менин өзүңө деген махабатымдын алда качан башталганын билсең кана, сен гана мени бактылуу кыла аласың, аялыңдын барында сүйгөнмүн Аманат, дагы жакшы бузуку атка кондурбай аялың таштап кеткени, эми баары бир меники болосуң", - деди оюнда. Анын ойлуу турганын көргөн Мээрим жанына келип:

- Бул жерде эмнеге турасың? - деди.

- Жөн эле.

- Аманат менен турбадың беле, ал кеттиби?

- Ооба.

- Ай, - Мээрим эки жакты карап алды, - Сен Аманатты чаап албайсыңбы ыя?

- Койсоңчу, жаңы эле аялынан айрылып кайгыда жүргөн адам мага көңүл бурмак кайда?

- Эмне жөнүндө сүйлөштүңөр?

- Акыбалын сурадым.

- Балдарын өзү багып жатыптырбы дагы эле.

- Ошондой го, зымпыя сыр алдырбайт, кайгы-кубанычты ичине сактаган кыйын адам экен.

- Ооба десең, кээ бир эркектер мындайды ичкиликти жолдош кылып алат го, кайгыны унутуу үчүн, негизи жигиттин гүлү да, - Мээрим Гүлжанга көзүн кысып койду, - Мен бойдок болсом чабуул коймокмун, - деди күлүп.

- Уят го, бойдок болсо эмне экен, ал жактырбасачы?

- Сениби? - Мээрим каткырып күлдү, - Атайын кооздоп жасалган статуядай мүчө боюң келишип, сулуулугуң чебер сүрөтчү кооз боектор менен тарткан сүрөттөй болуп турган сендей селкини кандай жигит карабай кое алат ай.

- Сен ошондой ойлойсуң, ар адамдын табити ар башка да, - Гүлжан анын сөздөрүн жактырбай ары басты, - Жүрөк деген бар Мээрим, жүрөк не десе ошого баш ийебиз...

- Билесиңби, сага көз салгандар толтура, бирок сенден сүрдөшөт экен.

- Койсоңчу.

- Чын айтам, менин бир коңшум бар, ошол сага ашык.

- Койчу?

- Койбой эле, мага айткан.

- Мен билемби аны?

- Жо-ок, менимче ал сени көрүп жүрүптүр.

- Убара болот, мен өзүм көрбөгөн, сүйбөгөн адамга эч качан жар боло албайм, ошону айтып кой.

- Ой ал аял ала элек бала, жаңы эле бухгалтер болуп ишке орношту.

- Кандай болсо дагы менден үмүт кылбасын.

- Гүлжан, ал сени ала качмак, бирок ата-энеси гана аял албай туруп жубан алганына жооп бербей жатат.

- Мага дагы кереги жок, мен кеттим, - Гүлжан жөнөмөк болгондо Мээрим кошо басты:

- Мен дагы кетем, сабагым бүттү.

- Анда кеттик, - Эки келин жол бою ар кайсыны айтып бара жатышты, Мээримдин күйөөсү дагы мугалим, ал Гүлжандан кызганып жүргөн, кайда болсо да акмалап турат. Анын оюн Гүлжан билбейт, тымызын кызганып күйөөсүн бучкактай бергенинен аны күйөөсү билбей эле: "Мени катуу сүйөт, балалуу болуп калсак анан алаксып калат", - деп келинчегине ого бетер берилип калат күйөөсү, үйлөнгөндөрүнө бир жыл болуп калган...

Аманат үйүнө келип адатынча кызын колуна алып көпкө карап отурду: "Ушинтип биз апаңды да унута турган болдук кызым, ал мага өз сүйүүсүнүн тумары катары силерди таштап кетти, мен Нурдөөлөт экөөңөр үчүн жашашым керек, сен мага Гүлүнү унутпас үчүн келдиң кызым, биз үчөөбүз апаңды түбөлүк эсибизден чыгарбайбыз", - деп ойлонуп турганда кечке маал эшиктин алдына машина токтоп Сатар менен Жамбы келин-уулу менен келип калды: "Өгүздүн өлгөн жерине өкүр", - дегендей куран окутуп болгондон кийин Сатар сөз баштады:

- Кудагый, кудаанын буйругу экен, жандай көргөн кызыбыздан айрылып калдык, эми сиз дагы кыйналгандырсыз...

- Ооба карыган кезде жаш баланы багуу кыйын, - Жамбы күйөөсү сүйлөй албай калганда коштоп жиберди, - перини биз алып кетсекпи дедик эле.

- Апа, балдар бөлүнбөй эле бир жерде болсун, - деди Аманат, - Гүлү өзү ошону мага дайындады эле, - Көз жашына мууна түштү.

- Балам, биз багып эле беребиз, алып келип турабыз.

- Жок апа, эки баланы бөлгүм келбейт, - Аманат чыйрала кесе жооп берди.

- Мейли-мейли кемпир, туура айтат Аманат, энесинен дагы эрте ажыраган неме атасында болсун, - деди Сатар, алар ошентип эртеси кайра кетишти, жаркыраган жаз келип, анан толукшуган жай келип убакыттын өзү дарыгер дегендей Аманат бир аз унутуп балдары менен болуп калган, Пери пери дегендей эле бөдүрөйүп Гүлкандын өзү болуп бара жатты, башкача татынакай, томолонуп жөрмөлөп тогуз айга толуп апа-ата деп калган. Айым туугандарын Аманатка айтпай чакыртып алды да аларды баласын үйлөнгөнгө көндүрмөк болду.

- Аманат, - деди Жумаш тамагын кыра, - Мына убакыт деген сызып өтүп кетти, жакында келиндин жылдыгын өткөргөнү турабыз, сен эми терең ойлонуп көр, бул бойдон деги өтпөйсүң, балдарга эне, жеңеме тынчтык керек, карыганда балдарды багам деп кыйналып калат, ылайыктуу келин таап үйлөн айланайын.

- Аке...

- Туура, - деди тагасы Тагай, - Үйлөнүшүң керек жээним, эжем дагы карыды, жетимиш жашында жаш баланы багуу жеңил эмес.

- Тага, жаш балалуу эркекке эле ким тие койсун?

- Сүйлөш, издеп ылайыгын тап.

- Оңой эмес, жылдык өтө берсинчи...

- Ушу баштан ойлонууң керек, аял болсо чыдап багат, эркек кишинин бой жүрүп балдарга камкор болушу оор, али жашсың балам, - деди Жибек, - Үйлөнбөсөң болбойт, кыздардын өз жашоолору бар, анда-санда келгени болбосо түйшүгүңдү түбөлүк тартпайт.

- Билем жеңе, ойлоноюн мен дагы, бирок мендей эркекке кайсы аял тийгиси келсин, балдарга жакшы карай турган аял табылабы...

- Кабатыр болбо, сен таппасаң өзүм табам, - деди Жибек.

- Шашпаңыз жеңе, али убакыт бар эмеспи, жылдыгын өткөргөн соң көрөлү, - деп Аманат чыгып кетти. Туугандары өз-өз жолуна түшүп кетишти, көр тирлик ар бир пенденин өз жашоосу эмеспи, чогулуп жамандык жакшылыкта келгени менен өз түйшүктөрү менен кетет. Мына, Аманатты дагы келечегине кам көргөн болуп ар кимиси ар кайсыны айтып коюп кете беришти, Айым эне менен Аманат өз-өзүнчө ойго батып өз бөлмөлөрүндө, Сүйүн менен Каныкей тамак ашын жасап, үй ичин жууп тазалап билгизбейт, Сүйүн жигити менен жолукпай калды, анткени колунда жок экенин билип Канайым күйөөсү Артык экөө аны келбес кылышкан. Каныкейге бир жигит кат жазып жүргөн, ал Сүйүндүн иниси Айбек болчу.

- Каныкей, экөөбүз сүйлөшпөдүк беле, сен качан жигитиңди айтып бересиң? - деди экөө тамак жасап ашканада отурганда.

- Эмнесин айтам, мен аны көрө элекмин.

- Эмне, көрө элекмин дейсиңби? - Таңгала карады.

- Ооба, - Кат жазып жүрөт, мен жооп бере элекмин.

- Кел, мен сени жолуктурам.

- Кантип? - Каныкейдин көздөрү жалжылдай түштү.

- Ушинтип эле, - Сүйүн ойлонуп калды, - Таптым, сен эми кат келгенде сөзсүз мага айтасың, баса катты кимден берет?

- Мурда үйдүн артынан келип бир жерге коюп койчу, мен алып окуп тытып койчумун.

- Анан.

- Анан ал күндө кат таштап кетчү болду.

- Сен тааныбасаң анын кат таштаганын кантип билдиң?

- Мага коңшунун баласы келип айткан.

- Анан бул жакка дагы келип жатабы?

- Жо-ок, - Каныкей көзүн ала качты.

- Сен толук айтпай жатасың Каныкей.

- Корком.

- Эмнеден, эгерде мен таенеме карабаганда колунда жогуна карабай кете бермекмин, шаарга качып кеткени жатканбыз.

- Чын элеби?

- Ананчы, өзүң сүйгөн адамга турмушка чыксаң бактылуу болосуң Каныкей, атамдар каршы болуп жатат, - деп ойлуу отуруп калды Сүйүн.

- Сен аны катуу сүйөсүңбү?

- Аябай, жанымдай сүйөм.

- А мен билбейм, Айбек мени канчалык сүйөөрүн, - деп алганын ал байкабай дагы калды.

- Айбек, Айбек дейсиңби? - Сүйүн бөлөсүн таңгала ишенип-ишенбей карап калды, - Кайсы Айбек?

- Эмне, мен Айбек дедимби? - Каныкей кызарып кетти, - Аты Айбек, бирок тааныбайм, - деп жүгүрүп кетти.

- Кызык, - Сүйүн ойлуу анын артынан сыртка чыкты, Каныкей бак ичине кирип көк чөпкө отуруп алган, - Каныкей, эмнеге уяласың, биз бала эмеспиз, бойго жеттик, бирок атамдар бизди дагы эле бала деп ойлошот, биздин дагы ой максатыбыз бар экенин түшүнгүсү да келбейт, окууга өткөнүмдө азыр шаарда жүрмөкмүн, мен окууга өтсөм Марат шаарга барып иштейм деген, күндө жолугуп турмакпыз, - деди Сүйүн жанына отуруп, - Айбекти эч качан көрбөгөнсүңбү?

- Ооба, - Каныкей жер карап жооп берди, Айбек өзүн сүйөм деп жанын койбогонун айткысы келбеди: "Укса жини келет чыгар, бөлө болсок апаларыбыз деле макул болбойт да, мен шаарга окуп кетип калсам эле унутуп калат", - деп ойлонуп отурду.

- Мейли, айтпасаң айтпа, акыры билинет да бөлөшка, - деген Сүйүн аны далыга таптап ордунан турду, - Жүр тамак даяр болуп калды, таенемдер дагы ачка болду го, - Экөө ээрчише ичкери киришти, Пери аябай ыйлап жаткан, Аманат аны көтөрүп сооротуунун аракетинде:

- Тага, эмнеге ыйлап жатат? - Сүйүн жетип ала койду, - пери, Пери кыз, сага эмне болду?

- Билбейм, эти ысыган деле жок.

- Ичи ооруп калбады бекен? - Сүйүн инилерин багып көнгөнгө эптүү колдору менен дароо ичин сыйпалап көрдү, - Тага, ичи ооруп калыптыр, компресс жасоо керек, спирт бар беле?

- Бар-бар, азыр алып келем, - Аманат алып келе калды, Сүйүн ичин ушалап, спирттен компресстеп көтөрүп турганда Пери басылып калды.

- Жакшы болбодубу, корко баштадым эле, - Аманат кубанып кетти, - Же бир жеринин ооруганын жаш бала айта албаса, билбейт экенсиң да.

- Таенем үйдө элеби?

- Ал уктап жатат окшойт.

- Тамак ич деп койчу Каныкей, мен даярдай коеюн.

- Макул, - Каныкей Айым эне жаткан бөлмөгө кирсе Нурдөөлөт жанында уктап жатат, өзү ойгоо экен, - Таене, кечки ашка жүрүңүз.

- Табып болбой турат балам, мага бир чыны ысык чай эле берип койчу, - деди эне онтолой.

- Башыңыз ооруп жатабы? - Каныкей таенесинин жанына отура калып чекесине колун тийгизип чоочуп кетти, - Этиңиз от-жалын го?

- Ысык бирдеме ичсем жакшы болуп калам.

- Азыр, дары алып келип берем, - Каныкей ашканага кирип, - Тага, таенем оору жатыптыр, дары берип коеюнбу? - деди.

- Эмнеси ооруп жатыптыр?

- Эти ысып жатат, - дегенде Сүйүн менен Аманат кошо кирип Айым эненин акыбалын көрүп коркуп кетишти, Каныкей эки кызына кетти, Сүйүн балдарды карап, Аманат врачка барып алып келди. Кары неме ооруканага жат дегенге такыр болбой койду, Даткайым менен Канайым кезектешип келип дары-дармек менен уколду үйдөн алдырып жатып көптө жакшы болду. Арадан дагы бир ай өткөндө Гүлкандын ашын беришти, Аманат апасы ооруп жатканда арыз жазып жумуштан чыгып алган, кийинки убакта эки күндүн биринде Гүлжан келип акыбалын көрүп кетчү болду. Ашы өткөндө кайын журту кудагыйынын ооруп калганын көрүп эки баланы тең алып кетмек болду эле Аманат болбой койгон. Канткен менен эки бала менен эркек адамга оор экенин билип үйлөнмөк болду ал. Эки баланы уктатып коюп ойлуу отурганда сырттан:

- Аманат үйдөбү? - деген үн угулду: "Гүлжан го, ырас эле", - деген Аманат оюндагысы табылгандай ордунан тура калды.

- Үйдө, кириңиз эже, - деген Сүйүндүн үнүн да угуп сыртка чыкты: "Эмне экен, минтип кыйналганча үйлөнүп алганым жөн, Гүлжан каршы болбосо", - деп ойлонуп келе жатканда:

- Кандайсыз, ал-акыбалыңыз жакшыбы? - деди беттеше түшкөн Гүлжан.

- Шүгүр, отурабыз кудай деп, кел.

- Келдим, сиздин тынчыңызды алган жокмунбу?

- Жок-жок, кайра жакшы болбодубу, - Аманат ага күлүп жооп кайтарды.

- Кайгыңызды жеңилдете алсам го...

- Рахмат, мен үчүн кабатырланганыңа.

- Коюңузчу, мени бир саатка күйөөм болуп азаптан кутулткан жакшылыгыңызды кантип унутам, ал турсун ыраазылык билдиргенче...

- Анын кереги жок, отур чай ич.

- Чай ичпейм, эгерде жардамым керек болсо айтыңызчы, - Гүлжан көздөрүн бардай Аманатты тике карады, - Жакшылык кылсам деген үмүттөмүн.

- Гүлжан, айткан сөзүңө рахмат, бир сураныч сен деп эле айтчы.

- Чынбы? - Гүлжан күлүп жиберди, Аманат андан көзүн албай тиктеп отура берди: "Бир жыл мурун күйөөңдүн ролун ойнодум эле, эми сен мага чыныгы аял болуп бере алаар бекенсиң", - деген көз караш карегинде катылып турду, - Мынчалык тигилип карабаңызчы, - деди Гүлжан жүзү кызара, - Сүрдөтүп ийдиңиз.

- Эмнеге, менин сүрүм деле жок го? - Көзүн тартып алган Аманат бөлмөдөн чыга калып, - Сүйүн, Каныкей чай алып келгиле! - деди.

- Убара болбоңуз, бир аз отуруп анан кетем.

- Отур, жай отуруп сүйлөшөлү, - Аманат башын көтөрдү, - Же бир жакка шашып турасыңбы?

- Жо-ок, мен сизге бул жерден кетээримди айтканы келгем.

- Кайда? - Аманат жалт карады.

- Өз айылыма, Кубат үйлөнүптүр, эми тынчымды эч ким албайт, - Жадырай карады, - Сиздин артыңыздан андан кутулуп эми ата-энеме кеткени жатам.

- Кай жерликсиң?

- Чүйдөн, Күн-Туу айылынанмын.

- Жакшы, кетет экенсиң да, качан кетесиң?

- Арыз жаздым, эмгек акымды алганча күтөм го.

- Гүлжан...

- Угуп жатам, айта бериңиз, - Ошол учурда Каныкей баш бакты.

- Чай ичиңиздер.

- Жүрү Гүлжан, - Аманат ага кайрылды, чынында анын кетээрин укканда жаман абалда калды, кайрылып көрбөөчүдөй аны ушул бойдон жоготуп алчудай ичи уйгу-туйгу болуп турду.

- Сен... Сен мага бир нерсе дегиңиз келди беле? - Гүлжан ага көздөрүн жалжылдата карап жооп күтүп калды, жүрөгү болк этип алды Аманаттын: "Бул көз караш мени бир жыл мурун эле арбап албады беле, демек менин тагдырым ушул келин, көрсө бизди тагдыр оюн аркылуу табыштырган тура, болбосо эмнеге мага тез-тез келип кабарымды алып турат, балким мени сүйөттүр, же жөн эле тагдырдын буйругудур... Же жөн эле ыраазылык билдиргени келгендир", - деп телмире отуруп калганда, - Эмне болду сага? - деген Гүлжандын үнү оюн бузуп жиберди.

- Эчтеке, кел чайга кара.

- Ичип жатам.

- Гүлжан, эртең жолуга аласыңбы?

- Жарайт, ушул жерденби? - Күлүмсүрөй карады.

- Жок, эртең айылдын этегинде бактан жолугалы.

- Ошончолук романтикалуубу?

- Балким ошондойдур.

- Макул, - Гүлжан аны ойлуу карады.

- Саат он экиде ошол жерде бол.

- Уктум, анда мен кетейин, - Гүлжан өйдө болду, Аманат аны узатып коюп кайра кирди, Айым төшөктө жаткан, уулунун киргенин көрүп:

- Ким келди балам? - деди баш көтөрө.

- Апа, Гүлжан келип кетти.

- Жанагы татынакай келинби?

- Ооба, апа ошону келин кылып берейинби? - деди күлө карап.

- Жакшы эне боло алаар бекен балам, оорубасам балдарды өзүм эле багып алат элем, карылыктын көрүнбөгөн тузагына түшпөдүмбү кагылайын, сенин кайгырбай эле жашооң ордуна келип бактылуу болгонуңду көрсөм кана балам!

- Койчу апа, сакайып кетсең келиндин да чайын ичесиң.

- Эртелет балам.

- Макул, эртең сүйлөшөм.

- Ошент садага, өлгөндүн артынан өлмөк жок балам, жашоо улана берет, тирүүлүктүн вазийпасы ушундай, - Айым эне терең дем алып алды, - Багың ачылсын айланайын.

- Буйруса, өзүң кандай апа, мурункудан түзүк элесиңби?

- Кудайга шүгүр, неберелеримди чоңойткончо жанымды бекем уучтайын деп жатам, Пери менен Нурунун сенин жашооңо кедергиси тийбесин, баланы сүйөбү, сүйбөйбү ким билет?

- Көрөм да, - Аманат дагы ойлуу кайра эшикке чыкты, Каныкей Перини көтөрүп жүрүптүр, Нурдөөлөттү Сүйүн жетелеп алган, аларды бир карап коюп дарбазадан чыгып кетти, ал азыр ээн эркин болгусу келди, жолдо ойлонуп кетип бара жатты: "Гүлжан менин сөзүмө кандай жооп берет, кокус макул болсо балдарга жакшы эне боло алабы, же балдарың бар деп болбой коебу", - деп башын жерге салып келе жатканда алдынан классташы Нурбек жолугуп калды:

- Оо Аманат кандай, терең ойго түшүп келе жаткан экенсиң? - Кол алыша учурашышты.

- Ойдон алыстай албай калдым го Нуке.

- Аа, туура-туура, сага кыйын болду, жаркылдаган жарың күтпөгөн жерден кетип жатса, - Нурбек баш ийкей туруп калды, - Эми эне кылайын деген оюң бар?

- Өзүм да билбейм.

- Аманат, эми жакшы эле аза күттүң, балдарың да жаш, карыган апаң турат, үйлөнүп ал, - деди Нурбек ага.

- Ылайыктуусу чыгышы кыйын го...

- Эмнеге, сендей жигитке чыкпай эмне, эрге тийе албай жүргөн кыздар толуп жатпайбы? - Күлүп калды Нурбек.

- Жаш балдары бар эркекти ким эле карай койсун?

- Кыздарды чекесинен чертип алсаң болот.

- Чекесинен чертем деп балдарыма балээ таап албаймбы? - Аманат классташын суроолуу карады, - Бирөөнүн балдарына өз энесиндей болуу кыйын го?

- Сен сүйлөшүп убадасын ал да.

- Ооба, убадасын алуу керек, бирок аялдар өзгөрүлмө калк келет, ичи койнума кирип, батып алгандан кийин балдарымды өгөйлөп кордук көрсөтөбү деп корком.

- Мен сени түшүнөм, аялдарга ишениш кыйын, кыз экенинде баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат, - деп ошону үчүн айткан да.

- Ошол үчүн көп ойлонуп ойдун түбүнө жете албай жүрөм да.

- Эмнеси болсо да ойлон, ушул бойдон жүрө албайсың да, - Нурбек ушинтти да коштошуп иш менен бара жатканын айтып жөнөдү, Аманат көпкө басып жүрүп үйүнө келди, Канайым менен Даткайым бар эле, алар дагы инисине боору ооруп кеңешип аяк-бияктан кыз-келин издеп жүрүшкөн.

- Кайда жүрөсүң, качандан бери күтүп жатабыз, - деди Канайым көрүп эле.

- Тынчтыкпы деги?

- Бир келин тапканбыз, ошого сүйлөшүп көрсүн дегенбиз, - Даткайым кайым сөзгө аралашып.

- Жок эже, сүйлөшпөй эле коеюн.

- Ой анан жүрө бермек белең, апамдын абалы бул.

- Мен деле ойлоп жатам, эмне кылайын, - Башын жерге сала отуруп калды, - Көргөндө эмне.

- Сенин шартыңды ата-энесине айттык, баласы жок келин экен, ошонусу жакшы эмеспи.

- Күйөөдөн эмнеге чыкканын билдиңиздерби? - Эки эжесине суроолуу карады.

- Анын эмне кереги бар, жакшы жашап кетсеңер болду да.

- Ошону билиш керек эже, балким бир сыры бардыр, өзүнөн өткөндүр, дагы кыйналып жүрбөйүн?

- Өзүң бил, - Даткайым ойлонуп калды.

- Анда өзүң таппайсыңбы, минтип жүрө бербей, - деди Канайым, ошентип ар кайсыны айтып отуруп анан алар үйүнө кетти, Аманат Гүлжанды ойлонуп жатты: "Бир ооз айтып көрөм, баш тартса анда эжемдер тапканды кандай да болсо алайын, апама деле кыйын болду, кыздар дайым эле бул жерде жүрө бербейт да, булардын да жолу бар", - деп ойлонуп ал күнү жатып калды, эртеси эртелеп туруп жуунуп, таза кийинип алып белгиленген жерге жөнөдү. Ал келип эки жакты карап туруп калды, бир кезде Гүлжанды көрө коюп утурлап басты:

- Келдиңби? - Жетип ууртунан өбө учурашты.

- Эмнеге бул жерге чакырдыңыз? - Гүлжан аны жадырай карады.

- Сөз бар, - Аманат басып бара жатат, анын катарында Гүлжан, ал сезимтал аял эмеспи, кечээ эле билген, эмне деп айтаарын, жарашыктуу кийинип узун чачын түйүп алыптыр, нагыз периштенин өзүндөй көргөн жанды жалт каратат, айрыкча эркек аттуулар мындай көркөм сулуулукту жактырат эмеспи, Аманат сыртынан билгизбей бара жатканы менен көз кыйыгы менен карап бул сулуулукка кайдыгер боло алган жок, ойго берилип кете бергенинен улам:

- Аманат, бул басыгыбыз менен шаарга жетебиз го? - деди Гүлжан күлө, - Деги айтаар сөзүң барбы же...

- Гүлжан, - деди ошондо Аманат токтой калып, - Сен билесиңби...

- Эмнени? - Гүлжан чыдамы кете жалжылдаган көздөрүн ойноктото күлүмсүрөп: "Ооба, сени сүйөм деп айтат, мен билгенмин ошентерин, дароо мен дагы деп айтам", - деп ойлонуп жатты.

- Мен сага бир суроо менен кайрылсам болобу?

- Кандай суроо? - Келиндин кабагы бүркөлө түштү, ал таптакыр башка сөз күтүп турбады беле, - Сура, - деди саамдан кийин.

- Сен менин балдарыма апа боло аласыңбы?

- Ыя?! - Гүлжан токтоп калды: "Бул суроодон көрө мен сени сүйүп калдым десе болот беле, мен ошону күтпөдүм беле, балким андай сөздүн кереги жоктур, Аманат мени сүйсө дагы балдарынын көйгөйүнөн улам ушинткиси келгендир, эми эмне дешим керек", - деп турган ордунда катып калды...

Айкан барган сайын өтө эле кыйналып бара жатты, эки кызынын камкордугу аны эреркетип жиберет, кээде диванда жатып ары карап алып ыйлап алат, ачуусу да тез болуп анча-мынчаны жактырбай неберелеринин ызы-чуусун көтөрө албай урушуп ийет. Туруп-туруп тагдырына нааразы болуп буркан шаркан түшсө, бирде: "Кечире көр кудайым, бир гана өзүңө ишенем, арка-жөлөк болчу өзүңсүң, улуктугуңа ченеми жок ааламдын, күнөөмдү кечире көр, ден-соолук бер, дартыма дабаа бол", - деп ойлонот. Деги кесел адамды ар кандай ойго салат, кээде ааламдагы жалгыз бактылуу деп өзүн гана сезет. Жума күнү укол алып келе жатып базарга кайрылып цыганга төлгө салдыргысы келип ар кимди өзүнө чакырып жаткан лөлүнүн бирине келди.

- Канчага төлгө саласыз?

- Элүү сом, кел кызым так айтам.

- Салыңыз, - Айкан цыгандын берген отургучуна отурду, ал картасын аралаштырып туруп:

- Колуңду тийгиз, - деди, Айкан картага коюп атын айтты, - Сен азыр абдан кыйналып турасың, ооруп жатасыңбы?

- Ооба.

- Эч коркпо, жакшы болосуң, көп жашайсың, табасың жукпайт экен, ак көңүлсүң, корко турган эчтеке жок, - деди Лөлү, Айкан анын айтканына ичи чыкпай ары барып дагы бирөөнө барды, ал картасын ачып:

- Жакында жолго чыгасың, өзүң жакшы аялсың, ичиңде арман бар, арман керек эмес сага, жолуңду ачтырсаң ишиң жүрөт, өмүрүң узун кызым, - деди, ага дагы элүү сом берип үйүнө кетчү аялдамага келип күтүп туруп: "Өмүрүң узун деди, сакайып кетет экенмин, ошондой болсо экен, кудайым өзүң жар боло көр", - деп ойлонуп туруп автобустун келгенин көрбөй калып жүрүп кеткенде байкап калып жолго карап маршруткага түшүп жөнөп кетти. Күн өткөн сайын жакшы болгондой сезилип кайра эле алсызданып калат, туруп-туруп кара терге түшсө, бир туруп чыйрыгып чыгат, эмне кылаарын билбей калды. Кыздарына билгизбей эле ичтен тынат, ар күнү эртең менен Салий телефон салып акыбалын сурап турат, Нарын менен Адиң дагы дагы чалат, бир туугандары ал-акыбалын сураса кубанып калат, аз да болсо көңүлү көтөрүлө түшөт, адам көңүлү гүл деген ушу да, болоор болбостон чөгүп, болоор болбостон көтөрүлө түшөт. Гүлгө суу өмүр берсе, көңүл үчүн жакшы сөз керек, аттиң десең, бири кем дүйнөнүн сырдуулугу ай!

Бир күнү Айкан уктап жатып түш көрдү, ал түшүндө кара кийинип алып бир үңкүрдүн ичинде кетип жатыптыр, эки жагы караңгы болсо дагы өлгөн адамдар экенин сезип эле бара жатат, ал тургай тааныштарын көрдү, узак сезилген үңкүрдүн ичинен жол түгөнөөр эмес, бир жерге келгенде: "Ой мына муну жаңылып алып келип алган го", - деген үн угулду, ким айтканын, эмне үчүн айтканы менен иши жок кете берди, негедир көздөгөн жерине ашыккандай бара жатат, бутун караса жылаңаяк экен, таштарга тилинип кетиптир: "Каякка?", - деген үн угулду бир кезде. Ага деле болбоду, бара жатып алдынан үч адам тозуп калды: "Бул мени менен келген", - деди бири: "Жок, мен алып келем деп турганда сен алып келипсиң", - деп бири колдон алды: "Жок, мунун убактысы боло эле, анын күнөөсү эле эчтекеге ишенбегендиги, эми ишенет, буга жол көрсөтүп коелу", - дегенде эле баягы бара жаткан жагынан көз уялткан жарык көрүнүп баягы адамдардын кайда кеткенин байкабай да калды. Жарыкка чыкканда айланасы аппак гүлдөргө оронгон талаа, айдап койгондой эле окшош гүлдөр бажыраят. Суктанып аралап кетип жатып өзүнүн үстүндө аппак узун көйнөктү көрүп таңгалып: "Мен үйдөн каякка чыктым эле, адашып калсам керек, кыш эмес беле", - деп ойлонгуча аппак гүлдөрдүн арасынан узун ак көйнөгү желбиреген аялдын сөлөкөтү: "Сен адашкан жоксуң, бул сенин мындан аркы жашооң, сен адамдарга ишенимиңди жоготпо, ошондо гана баарына жетесиң", - деп жатканда ойгонуп кетти, жүрөгү лакылдап калыптыр. Ойлонуп көпкө жатты, анан туруп муздак суу ичип келип жатып калды. Таң ата эки небереси мектепке кетет, алар эрте туруп чай кайнатып ичип, кийинип алып кеткен соң Айкан телевизор коет, анткени казактын каналынан көрүп жүргөн сериал бар, аны коюп алып жатып алды.

- Апа, эмнеге эле кыңкыстап жаттың? - деди ойгонгон Жанат.

- Өзүмө билинбейт да кызым.

- Кыйналып чыктың, эми эмне кылалы апа, башка табып издейлиби?

- Жок, мен жакшы болуп калдым.

- Сен ошентип айта бересиң, чирип кетсечи?

- Кудай сактасын балам, - Айкан сериалды карап туруп ою менен алышып киного түшүнбөй деле калды, - Ойлонбой эле кой, мен жакшымын.

- Ошондой эле болсо кана, - Жанат апасын кучактап ийинине башын койду, - Жакшы болуп кетчи апа...

- Коркпо балам, жакшынакай элемин го.

- Билбейм, корко берем.

- Корккондо эмне кызым, канча айтам, андан көрө мен өзүм энелик милдетимди аткара алдымбы, эл катарына ойдогудай кошо алдымбы...

- Койчу апа, мындан артык болобу, өзүбүз эне болсок дагы сага жамынып отурабыз, аны коюп биз үчөөбүз сенин эмчек сүтүңдүн акысынан кутула элекпиз...

- Мен ыраазымын кызым, кандай эне балдарына нааразы болот, мен сага бир икая айтып берейин бирөөнүн жалгыз уулу болгон экен, ал алаңгазар, оюн-зоокту сүйгөн, атасынын барын чачкан бала болуптур. Ата-эне уулуна акыл-насаатын канчалык айтса дагы укпай өз билгенин кылып жүрө берет, акыры кемпир-чалдын колго илинээр эчтекеси калбаптыр, ичип келген уул ата-энесин кыйнап акча таап бер дейт, жок десе түшүнбөйт, ошондо бала апасын ыргыта түртүп ийет, чалы ага жини келип баласын токмок менен ураарда эсине келип, бирок өлүм алдында жаткан эне чалына: "Чал, катуу тийип жүрбөсүн, акырын чап", - деген экен үзүлүп бара жатып, чал кемпиринин өлгөнүн көрүп баласын унутуп ага жүгүргөндө бала атасын жыга чаап өлтүрүптүр...

- Ак сүтүн актамак турсун өлтүрүп тынган тура.

- Ооба, ошону үчүн энебиз да кызым, сен дагы жанагы үч балаңдын ыймандуу болушун тиле кызым, баланын ыймандуу болуп, өз турмушун жөндөп, үй-жай күтүп бактылуу жашаганы эне үчүн чоң бакыт эмеспи, - деди Айкан ойлуу, Жанат жумушуна кетип кичинекей небереси менен калды. Телевизордо кызыктуу эч нерсе жок, кайра сериал койду, эч нерсе жүрөгүнө баспайт. Санаанын көлүнө чөгүп жатып бир окуяны эстеди, ал мындан беш-алты жыл эле мурун болуп өткөн экен...

Алтынай деген кызды Ашым деген жигит ала качып кетет, кыз аны сүйбөйт, ата-энесинин салтты бекем кармаганынан улам аргасыз отуруп калган эле. Ашым кызды сыртынан көрүп сүйүп жүргөн экен, жолугуп айтканга батынбай ала качкан экен. Ата-энеси жеңелерин жөнөтүп тынч отурсун, дегенинен ыйлап-ыйлап отуруп калган экен. Ашымдан улуу агасы үйлөнүп аялы өлүп калгандан кийин инисине уруксат берген экен. Касым келбеттүү келишкен жигит эле, Ашым агасына окшош болгону менен бою кыска жигит, экөө бир ата-энеден болгонуна карабай мүнөздөрү эки башка эле. Алтынай келген күнү эле Касым жактырып калды, Ашым алгачкы күнү кыз менен жата албады, өзү да сезбеген мындай болот деп, ал аялга жарабады, аракет кылганы текке кетип эртеси достору менен аябай ичип жатып калды, ошондон тартып кыз кайненесине ачык айтмак болду, бирок уялды. Арадан бир ай өткөндө Ашым Алтынайдан уялып үч күн өткөндөн кийин шейшепти кызыл кан тийгизип койгон, ата-эне баарынан кабарсыз эле. Бир айга чейин ичип, Алтынайга сүйлөй албай кетип калып ошол бойдон кечигип жатты, Касым сыртта жүргөн келинин жалт карап алды, чынында Алтынай өзү дагы кайнагасын жактырып жүргөн эле.

- Алтынай, - деди Касым жанына басып келип.

- Оов.

- Ашым кайда кетээрин айткан беле?

- Жок.

- Сен сурасаң болмок экен.

- Аке, иниңиз менен сүйлөшсөмбү, - деди келини кашкая күлүп.

- Эмнеге сүйлөшпөйсүңөр?

- Эки катын бир төшөккө жатмак беле, уятынан өлбөсө болду, издеп көргүлө.

- Эмне-е? - Касым оозун ачып туруп калды.

- Иниңиз ошондой экен, мен али кыз бойдон жүрөм.

- Кетип калбайт белең?

- Мен бир адам үчүн жашап жүрөм, - деди да кирип кетти.

- Кызык, - Касым ийин куушура карап кала берди, кечинде атасы чогуу отурганда:

- Ашымга эмне болду, сураштырсаң боло, - деди.

- Достору көрбөптүр ата, кайдан издейм?

- Изде, сураштыр аны, ага эмне болгон өзү, эч жакка кетчү эмес эле го?

- Балам сага айткан жок беле? - деп Алтынайга кайрылды кайненеси Шуркан.

- Жок.

- Келээр, - деди Жусуп, ошол бойдон унчукпай калышты, ошондон эки-үч күн өткөндө Алтынайдын жеңеси менен сиңдиси учурашмак болуп келип калды, ал жеңесине чындыкты айтты эле жеңеси кудагыйына айтканда гана күдүктөнүп калышты, Алтынай жеңелери менен кетем дегенде жибербей коюшту. Көп өтпөй он күн өткөндө Ашымдын сөөгүн айылдын четиндеги эски мүрзөдөн таап келишти, Алтынай ыйлаган жок, ага кара кийгизишпеди, тым-тым болуп эле кыркына жетпей Алтынайды төркүндөрү алып кетишти. Жыл айланбай эле Касым атасына кеңешип Алтынайды шаарга алып кетип жашап калышты, алар абдан бактылуу болуп жашай баштаганда бир кызык окуя болду. Алтынай кош бойлуу болгондуктан үйдө отурган, жатып уктап кетсе жанында Ашым отуруптур, кадимкисиндей эле жылмая карап ичин сыйпалайт, үн сөзү жок, анан Алтынай ага: "Сен каякка кетип калдың", - десе: "Тигил жактамын", - деп колу менен бир жакты жаңсап көрсөтөт: "Эмнеге кетип калдың, качан келесиң", дегенде: "Жок, мен келбейм, сен мага баланы бер", - дегенде: "Эмнеге, мен сага баланы бербейм", - деп бакырып тура калды, чоочуп ойгонсо кеч кирип эшик такылдап жатыптыр, жатаарда ичинен илип алганын эстеп туруп барып:

- Ким? - деди калтырай.

- Алтынай, мен элемин, - Касым үн салды, эшикти ачканда эле ал келинчегинин түрүн көрүп чоочуп кетти, - Эмне болду, өңүң купкуу болуп кетиптир го?

- Билбейм, уктап жаткам, коркуп кеттим.

- Эшик тыкылдагандабы?

- Ооба, - Алтынай башка эчтеке айтпады.

- Эс алчы, жүрү алтыным, - деп колтуктап бөлмөсүнө алып кирип төшөккө отургузду, - Коркпой жүр да, анын үстүнө кеч курун уктабай жүр, иш көп болуп кеч келип жатпайынбы.

- Иштей бер, уктаганга эле чоочуп кеттим окшойт, - Алтынай туруп даяр тамагын алып келди, бирок анын көз алдынан Ашымдын элеси кетпей туруп алды, улам эстесе эле бүткөн бою дүр этип алат. Ошондон кийин Ашым күн алыс түшүнө кирчү болду, кээде аягына отуруп алат, кээде жанында турган болот, же босогодон карап туруп алат, кийин коркпой деле калды, сүйлөбөйт көрүнүп коюп жок болот. Касым төрөөрүнө жакын Алтынайды сак-сактап үйдөн чыкпай калды, тамакты өзү даярдайт, төшөгүн өзү салып берип кайра жыят, кыймылдатпайт, сыртта аптап маалы болгондуктан экөө тең уктап жаткан.

- Апа-а! - деп тура калды, анын үнүнөн чоочуп ойгонгон Касым кучактай калды.

- Эмне болду, жаман түш көрдүңбү?

- Жок, жок Касым, мага муздак суу берчи, - деди Алтынай аптыга, калтырап турган эле.

- Азыр, - Касым суу алып келип жуткурду, - Өңүң кубарып кетти да.

- Касым, түшүмө Ашым кирип баланы талашып жатат.

- Койчу?

- Ооба, ал силер биргесиңер, бала мени менен болот, деп колумдан тартып алды, - Алтынай ыйлап жатты.

- Кызык, чын эле ошенттиби?

- Ооба, ушуну менен экинчи жолу...

- Кудай сактасын.

- Касым мен корком, арбак билет деген чын го?

- Билбейм.

- Ал биздин үйлөнгөнүбүзгө нааразы болсо керек.

- Ким билет, балким жөн эле кирип жаткандыр, куран окуп коюш керек, - Касым ойлонуп отуруп калды.

- Балабызга эчтеке болбойбу?

- Коркпо, эчтеке болбойт, болгону түш го? - деп Касым аялын алаксыткан болду, бирок ичинен кыжаалат болуп турду, кайрадан кечки тамактарын даярдап жатканда Алтынайдын толгоосу кармап калды, аны Касым төрөтканага жеткирди, бирок төрөй албай жатып эртеси зорго төрөдү, уул бала тумчугуп калган экен, эки-үч сааттан кийин чарчап калды. Алтынайдын акыбалы оор болуп көптөн кийин өзүнө келди:

- Балам, балам кайда? - деди көзүн ачып эле.

- Тынчтаныңыз, азырынча баланы ойлобой өзүңүздү сактаңыз.

- Ал эмне деген сөз, эмнеге баламды ойлобойм, балам кайда?

- Азыр врачты чакырайын, - деп акушерка чыгып кетип врачты ээрчитип кирди.

- Кандай кызым, акыбалың кандай?

- Жакшы эже, менин балам кайда?

- Кызым, биз аракет кылдык, баланы сактай албадык.

- Аа-ай! - деп Алтынай эсин кайра жоготуп койду, кайрадан укол сайып, давлениесин текшерип жатып эс алдырышты. Ыйлап-ыйлап эс алды, Касым аны үч күндөн кийин чыгарып кетти.

- Жаным, капалана бербе, өзүңдүн аман калганың жакшы болду, аман болсоң кайра эле балалуу болобуз, - деп сооротуп үйдө өзү карап жатты, Алтынай апасы менен кайненеси келгенде көргөнүн бүт айтты, алар Касымдарды айылга алып барып куран окутушту, мүрзөсүн тайып кечирим сурашты, кайрадан шаарга кетишти. Алтынай бир аз сергий түштү: "Эми келбес, кечирим сурадык, кызык өлгөн адам билип турабы, агасына менин тийип алганымды билсе керек, нааразы болуп калган окшойт", - деп ойлоп көңүлү сергилең тартып калды, Касым аны алаксысын деп жумушка киргизип койду, өзү компаниялардын биринде иштечү, убакыт билинбей өтүп кайрадан кош бойлуу болуп калды, эчтеке жүрөгүнө барбай каны аз болуп жумуштан да чыгып алды, ошол күнү жаңы эле жатышкан, көзү илинип илине электе эле босогодо өзүн нааразы болуп карап турган Ашымды көрдү, чоочуп бакырып тура калды:

- Жо-ок, жок эми баламды бербейм, бербейм баламбы! - Ал туруп отуруп алып бакырып жатканда Касым аны кучактап отурду.

- Болду, болду жаным, ыйлабачы эми.

- Касым, ал бизге жашоо бербейт, ал дагы келди, ал көрүндү мага, айтчы мен ага эмне кылдым эле, ай кудай ай, баламдан эми дагы айрылып каламбы Касым, мен буга чыдай албайм.

- Коркпо, эми андай болбойт.

- Кантип коркпойм, ал дагы келди Касым.

- Кудай сактасын, эми андай болбойт.

- Апамдарга ушундайда барып айтуум керек.

- Макул, макул барып келебиз, - Касым келинчегин сооротуп ошол бойдон экөө тең уктаган жок, Касым эрте барып жумушунан суранып келип адегенде өз ата-энесиникине барды, Жусуп агала сакалын сылай жер карап көпкө ойлуу отурду да:

- Балдарым, силер эки жакка бөлүнүп жашап көргүлө, бала төрөлгөнчө ошенткиле, - деди.

- Туура, ошентип көргүлө, биз кырк күнү тынбай куран окуталы, курган балам ай, өлүмгө түртөөр кандай себеп болгонун өзүнөн башка эч ким билбей өзү менен бирге ала кетти го, ал нааразы болуп калган экен, - деп Шуркан ыйлап отурду, ал келинин ичтен жаман көрүп: "Намысына тийген сөз айтпаса өлбөйт болчу, эмнеге анын эркектик күчү жок болмок эле, же Касым экөөнүн мурдатан мамилеси болду бекен, ошону билип алып өлүп калгандыр, болбосо кандай эле экөө тил табыша койсун, бир сыр бар, баламды жаманатты кылып эптеп кутулмак болгон", - деп күдүктөнүп жүргөн, эми ошол оюнун туура экенине өзү күмөндөнбөй калды: "Бул шуркуя баламдын өлүмүнө себепкер болбосо мындай болбойт эле, эптеп Касымдан ажыраштыруум керек, болбосо ага дагы зыяны тийбесин", - деген ойдо турду. Алтынай өз ата-энесиникинде боло турган болду, Касым шаардагы өз үйүндө жашап иштеп жүрө берди, бирок Алтынайдын абалы жеңилдеп кетпеди, өзүнөн-өзү коркуп, басып бара жатканда артынан бирөө карап тургандай болуп өзүн жаман сезип арыктап бара жатты, врачка көрүнсө каның аз деп укол-дары жазып берди. Алтынайдын эч нерсеге табити жок, Касым анын ал-акыбалын көрүп тез-тез келип турат. Кийинки келгенде Алтынай ага минтти:

- Касым, мен кандай балээге кабылдым билбейм, азыр өз көлөкөмдөн дагы коркуп калдым, Ашым мени соо койбойт го?

- Кой, антип айтпа, сен ар кайсыны ойлоно берет окшойсуң?

- Ойлонбой эле турганымда шуу эткен дабыш угулуп жанымда Ашым тургандай, же өтүп кеткендей болуп сезиле берет.

- Эмне кылсак экен деги?

- Билбейм Касым, бир айласын тапчы, өлгүм келбейт.

- Коркпо алтыным, апамдарга айттыңбы?

- Айтканда эмне, апамдын жүрөгү ооруйт, ансыз деле турпатымды көрүп ыйлап-сыктап жатат, ичкен ашына куран окуйт, менин айым дагы болуп калды, корком Касым.

- Шаарга алып кетейинби?

- Эмне кылаарымды дагы билбей калдым, ал мени дагы алып кетет окшойт.

- Сен ага баягыда катуу сөз айткан жок белең?

- Качан?

- Ал жоголо электечи.

- Билбейм эсимде жок, - Алтынай ойлонуп калды, - Баса ошол күнү ал мага эртең менен: "Алтынай, мени кечир, мен мындай болоорун эч ойлогон эмесмин, анткени такыр аялдарга жолобогонмун, уялгандан окшойт, аял алсам баары ордуна келет деп ойлочумун", - дегенде мен: "Өзүңдүн эркек эместигиңди билип туруп эмнеге аял аласың, өмүр бою сени менен ушинтип жашай бермек белең, мен кетемин, керек болсо агаңа тийип алам, сен жарабасаң андан балалуу болуп сени менен жашай берем", - десем эле чыгып кетип калган.

- Эмнеге, ошондо эле мага көңүлүң бар беле?

- Сени мен бир көргөндө эле сүйүп калганмын Касым, ушундан көрө агасы ала качпайт беле деп ойлогонмун.

- Кызык, Алтынай анда ал анын өлөр алдында сенин ошол сөзүң эсинде калган экен да, аны кантип оңдоого болот? - Касым катуу ойлонуп калды, эки-үч күн ал жерде аялынын жанында болуп анан шаарга кетмек болгон, ошол түнү Алтынай бакырып тура калды:

- Апа, Апа Ашым, мени карап турат, колунда бала көтөрүп алыптыр! - деп колун босогону көздөй созуп бакыра берди, ошол кезде ата-энеси дагы, бир туугандары кирип келди.

- Алтынай, өзүңө келчи кулунум, - деп апасы кучактап отурган күйөө баласынын колун түртүп ийип өзү кучактап алды, - Тынчтанчы садага.

- Апа, кое бер мени, тигил жерде Ашым турат, баламды көтөрүп жүрөт, эми дагы баламды алып кетем деп жатат! - деп кара терге түшүп жатты, - Аа-ай ичим, - деп бүрүшө калды, ошол убакта алдынан шар этип суу кеткенде толгоо келгенин билип Касым көтөрүп алып сыртка чыгып унаага отурду да кайненеси менен эки сиңдисин алып жөнөдү, жол бою бакырып кыйкырып келе жатып жетээрде эсин жоготуп койду. Врачтар заматта аны операция менен төрөттү, өзүнүн абалы өтө оор болуп эчтеке билбей жатты. Бала дагы көп өтпөй эле чарчап калды, бул жолу Алтынай баласын сурамак тургай өз акыбалын билбей алсыз жатканда Касымдын оюна бир нерсе келди да айылына жөнөп түн киргенде мүрзөнүн жанына унаасын токтотту, колунда бычак, ак мата бар, эмне кылаарын өзү дагы билбейт. Унаасын токтотуп көпкө отурду да анан өзүн токтотуп кетмен күрөгүн алып инисинин мүрзөсүн көздөй басып бара жатты. Саамдан соң оюна жашыраак кезинде аксакалдардан уккан сөз эсине келди. Бир адам өлгөндөн кийин эле артынан балдары, бир тууганы биринин артынан бири кете бергенде аны молдо менен барып куран окуп көрүстөндү ачып өлгөн адамдын колдоруна таш карматып кайра көмгөндөн кийин токтогон экен. Ушуларды ойлонуп отуруп каза баштады, акыры казанакка жетип ичине кирбей туруп куран окуду, анан өзүн чыйралта кирип барып фонарик менен карап таңгалды, өлүктүн кепини оозуна тыгылып жеп жаткандай аз эле калыптыр. Анан Касым кепинди алып аяк жагына койду дагы колуна ала келген эки ташты карматып, кайрадан жаңы матага ороп туруп жаткырып коюп тирүү адам менен сүйлөшүп жаткандай:

- Ыраазы бол иним, менин сага жамандыгым болгон эмес, сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиң, эки гана бир тууган элек, мен жалгыз калдым го, тынч жат бир боорум, - деди да сыртка чыгып кайра көмүп үстүнө таш коюп, белгисинин сыртына чыккан соң куран окуп көпкө отурду, ыйлап жатты, негедир аны Ашымдын денеси жаңы гана өлгөн сыяктуу таптаза жатканы таң калтырды: "Ошондуктан көрүнүп жүргөн тура, болбосо үч жылдан төрт жылга кетип жатат, бузулуп кетет дешчү эле го", - деп анан унаасын көздөй басты, үйүнө таң жаңы атканда жетти, жуунуп тазаланып алып анан жатып уктап кеткен экен: "Жаным жай ала түшпөдүбү, эч качан өлүм алдында жакындарыңа нааразы болбо", - деп бирөө айткандай болду, бирок ким айтканын билбей кыйналып жатып ойгонуп кетти. Уйкусу чала болсо дагы жуунуп сергип алган соң ооруканага жөнөдү, ал келгенде Алтынай көзүн ачып жаткан экен.

- Касым, эмнеге кечиктиң, мен сени күтүп жатам, - деди.

- Кандай акыбалың жакшыбы жаным? - Эңкейип жүзүнөн өөп жанына отуруп колдорун кармалады, - Апам кеттиби?

- Ооба, мен жакшы болуп калдым.

- Ошондой эле болсун.

- Касым, мен түш көрдүм.

- Айтпа, дагы Ашымды көрдүм дей көрбө.

- Ооба, сага эмне болгон ооздоруңдун баары учук болуп кетиптир го?

- Билбейм, - Касым колу менен сыйпалап эриндеринин айланасына чыбырчыктаган учуктар толуп кетиптир, - Эчтеке эмес, бир аз тумоологонго чыкса керек, - деди да: "Өлүктөн улам чыкса керек, дагы жакшы коркуп жүрөгүм жарылып калган жок", - деп ойлоп алды.

- Ашым түндө түшүмө кирди Касым.

- Болду-болду эстебей эле кой.

- Уксаң, ал аппак кийинип алып менден алыстап кетти, ал сыягы биротоло кетти окшойт.

- Ошондой эле болсун, деги өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Жакшымын, каның аз деп жатат.

- Эмне алып келип берейин?

- Азырынча эчтекенин кереги жок, - Алтынай жылмая карады, өңүнө кызыл жүгүрүп калыптыр, Касым аны эки бетинен өөп дагы көпкө отурду... Ошондон кийин алардын тынчын албаптыр, алар андан кийин бир кыз, бир уулдуу болуп бактылуу жашап калган экен. Айкан ушуларды эстеп отуруп өзүнүн көргөн түшүн эстеди: "Мен буйруса сакайып кетем, түшүмдөгү аян ошону билдирет, балдарымдын өз-өз бактысын таап кеткенин көрүп көңүлүм жайланган кезде өлсөм арманым жок эле, жаратканым өзүң улуксуң, берген дартыңа өзүң дабаа бер, ар бир кабыл алган дарылардын шыпаасын бер", - деп ойлонуп отуруп блокнотуна бир нерселерди жазып жатты:

- Жарыктык, кандай сонун жалган дүйнө.

Өмүрүң өтөр бир күн өкүндүрө.

Жашоонун эң акыркы мүнөттөрү.

Кимди гана селт эттирбейт эске түшсө, ушуларды чиймелеп отуруп анан эки небереси сабактан келгенде чогуу чай ичишти. Күндөн-күнгө өзүнүн абалы жакшырып бара жатканын сезип жүрөгү кубанычка толуп турду: "Буга Ларисанын дагы чоң эмгеги бар, адам өз дилин тазартып, башкаларга таарынычын жоготкондо өзүң жеңилдеп калат экенсиң да, чынында мен өзүм картайып эне, таене болуп калсам дагы ата-энеме нааразы боло берчү элем, эми анын бири жок, аларды кечирдим, ошону менен катар жан дүйнөм дагы жеңилдеп калды", - деп ойлонуп отура берди...

Аманат ойлонуп калган Гүлжанга таңгалып бир аз турду да:

- Гүлжан, чоочуп кеттиң да, эгерде сен каршы болсоң кыстабайм, ал сенин каалооң, таарынычым жок, бирок мага капа болбочу, - деди.

- Жок-жок, капа болгонум жок, чынында күткөн жок элем.

- Кечир, сени чоочутуп алдым окшойт.

- Ал эмне дегениң, чоочуганым деле жок...

- Гүлжан, мен үйлөнө турган аял мени эмес балдарымды сүйсө деп ойлодум эле, өкүнүчтүү мен ойлогондой болбосо да керек.

- Аманат, мен сени жактырып калганмын, бирок чынын айтсам балдар жөнүндө ойлогон эмес экенмин, - Гүлжан кызыктай болуп Аманаттын жанын келди, - Кечир, мен даяр эмес экенмин.

- Билем, даяр эмессиң, эми жолуңду тосо албайм, бактылуу бол! - Аманат терс бурулуп кетмек болду:

- Аманат, а менин сүйүүмчү?

- Мен сүйүү менен балдарды бага албайм Гүлжан, мен жөн гана адам катары балдарыма сүйүүмдү, мээримди төгүп жашагым келет, - деди Аманат.

- Аманат, мага бир аз мүмкүндүк бер, ойлоноюн мен дагы, сен мени сүйбөсөң дагы өз сүйүүм үчүн күрөшүп, өзүм сүйгөн адам менен жашагым келет, - Гүлжан дирилдей ыйлап турду, - Мейли, сен мени сүйбө, мен сени сүйөм го Аманат!

- Гүлжан, мени кечир, өзүмдү гана ойлобой ойлорумдун баары эки балада болуп калды, алар жаш, али ак караны тааный элек...

- Түшүнөм, бир аз күн ойлоноюн.

- Жарайт Гүлжан, балким мен сени сүйөм, жакшы көрүп калдым, үйлөнүп алалы десем деле болмок, бирок ток этээр сөздү айтып сени ирээнжитип алдым окшойт, - деп Аманат келинди эки карысынан кармап көзүнө тигилип: "Көздөрүңө арбалып калып чыга албай каламбы деп корком, сени гана ойлоп калсам тунгуч сүйүүмдөн калган наристелеримдин көргөн күнү не болот, ансыз дагы сени көрбөсөм тура албай калган абалга келдим", - деп ойлонуп тура берди:

- Ирээнжибейм, бирок эне болууга даяр эмес экенимди тана албайм, эгерде башкача түшүндүрсөң анчалык чоочубас элем Аманат, - Келин анын оюнда эмне турганын сезбей өз оюн айтты, - Сен капа болбо ээ?

- Жо-ок, неге капа болом, сен жанымды болсоң эле болду, мага башканын кереги жок, - деп жибергенин да билбей калды Аманат.

- Ыраспы, сен чын эле ошондой деп ойлойсуңбу? - Гүлжандын көздөрү жайнай түштү, ушул азыр анын көздөрү оттой күйүп, четиндеги кирпиктер өзүнчө керемет көрүнүп апакай жүзүндө чексиз кубаныч турган эле.

- Ооба, мен сени сүйгөнүмдү жашырууга аракет кылдым.

- Амана-ат! - деп Гүлжан анын мойнун асылды, - Мен билгенмин, менин сүйүүм жоопсуз калбайт деп ишенгенмин!

- Жаркыным! - Экөө ээн бактын ичинде көпкө кучакташып турушту, кеч күздөгү саргайган жалбырактар сабагынан түшүп жер бетине төшөлгөн жаратылыштын кооз килеми сыяктуу баскан сайын шырт-шырт деген үн чыгарат, жалбырагынан айрылып аркайган жер жемиштердин анда-санда калганы желге шуудурап күзгү салкын абасы адамды сергилең кылып, бул кубаныч, эки жүрөктүн табышканын куттуктагандай баштарын ийе термелип турду.

- Мен бүгүн бактылуумун! - деп Гүлжан Аманаттын кучагынан бошонуп алып кулачын кере ай-ааламга угузгусу келгендей кыйкырып жатты, - Мен жүрөгүмдүн ээсин тапты-ым!

- Бактыңа тең ортокмун кара көзүм, - Аманат аны жетип кайра кучагына кысты, - Мен дагы сени сүйөм!

- Билесиңби, баягы-баягыда, - Гүлжан энтиге кубанычтуу күлмүңдөп Аманатка карады, - Мен сени ошондо эле сүйүп калганмын, ошондо сен мага бир саатка күйөөм болгондочу?

- Ырас элеби?

- Ооба, бирок мен анда бул сүйүүмө түбөлүк жетпей жүрүп өтөм деп ойлогонмун...

- Ошондой де... Аманат терс бурулду: "Менин жарым өлүп бул өз максатына жеткен экен да, мен Гүлканды жоготкум келген эмес, ал тирүү болмок, эгерде бул мага ошондо күйөөм бол дебегенде, көрсө мен күнөөгө баткан экенмин да, аялымды өзүм кесир кылып өлтүрүп алган экенмин, мен акмакмын", - деп кадам жыла албай көздөрүнө жаш алып турганда Гүлжан аркасына жармашты.

- Аманат, мени бактылуу кылганыңа рахмат.

- Сага дагы рахмат, менин сунушумду четке какпадың, - деп бери бурулуп келинди бооруна кычып көз жашын көрсөтпөй акырын аарчып жатты.

- Мен сенин сунушуңа азыр макул деп айтам Аманат.

- Ыраазымын...

- Мен дагы сага ыраазымын, - Экөө айылдын этегинен кыналыша басып үйдү көздөй келе жатышты:

- Ой бул тиги Айым эненин баласы Аманатпы? - деп жол боюнда турган аялдар бири-бирин нукуп калышты.

- Ошол го, тигиниси ким?

- Ал мугалим келин го.

- Аа-а бечаралар, үйлөнүп алалы дешкен го?

- Капырай, эркек ушул да, кечээ жакында эле аялынын ашын берди эле... - деп бири шыпшынып алды.

- Анан эмне кылсын, эки жаш бала менен кыйналгандыр, энеси карыды, оорукчан дагы болуп калды дейт, үйлөнбөсө болбойт да.

- Өздөрү билет да, - деп койду бири, - Балдарына күйөөр аял чыгабы деги, өгөй деген өгөй да.

- Ар ким өз пешенесине жазганды көрөт да, - деп узата карап калышты, Аманат менен Гүлжан түз эле үйүнө келди, эч кимге айтпай төркү бөлмөгө кирген соң Аманат:

- Сен туруп тур, мен эжемдерге кыздарды жөнөтөйүн, - деди.

- Макул, ушул бөлмөдө жүз жыл күт десең да күтөм.

- Жарайт, - Аманат чыгып Сүйүндү эки эжесине жөнөттү да апасынын бөлмөсүнө кирди:

- Келдиңби балам? - Айым эне отуруп алган болчу, мурункудан бир топ жакшы болчу.

- Келдим апа, акыбалың дуруспу бүгүн?

- Жакшы элемин балам, үкөл деле картайганда жакшы тура.

- Анан эмне, врачтар билип берет да.

- Садагаң кетейин.

- Апа, келин алып келдим.

- Эмне дейт ботом? - Эне уулун ормое карады, - Атпай-этпей эле...

- Апа, туугандарга эми айтабыз, азыр эжемдер келет.

- Тага, Гүлжан эжеге үйлөнөсүзбү? - деди артынан кирген Каныкей, ал экөөнүн ээрчишип келгенин көргөн.

- Ооба, - деп жылмайды Аманат, - Эми тажеңең болот.

- Жаша-а, апамдар келсе той болот да ээ?

- Ооба, сен барып Жумаш акени чакырып келе кал, - деди Аманат.

- Макул, - деп чыгып кетти Каныкей, ошентип заматта баары келип боорсок жасап, улак чабылып казанга эти салынды, Гүлжан бактылуу жүзү албырып аппак жоолук салынып отурганда келин көргөнү келгендер суктанып жатышты.

- Капырай, көрүп жүргөндө байкабаптырмын, башкача сулуу турбайбы, үлбүрөйт да бечара, - деди жакын коңшусу алардыкынан кетип жатып жанындагыга.

- Ооба, мен көргөн эмесмин, кол менен жасап койгондой экен бечара, - деди Кымбат ага.

- Менин кызымдын эжекеси да, ошону үчүн тааныйм, - Калыс ага биле турганын тактагандай болду.

- Эми ушуга жараша балдарына күйүмдүү болсо болду да.

- Ким билет, жакын турабыз го, өлбөсөк көрөөрбүз.

- Ал да кеч эмес.

- Бат эле билинип калат.

- Ошо да, бирөөнүн баласына өз энесиндей болуу анда-санда гана аялдын колунан келбесе...

- Жакшы болсо билинбей өз энесиндей эле болуп калат, - дешип ар кимиси ар кайсыны айтып кетип жатышты, Гүлжан шыпылдап эки күндөн кийин эле иш кыла баштады. Айым эне ага ичи жылыганы менен: "Менин өсөөрүм эмес өлөөрүм калды, балдарга мээримдүү болуп кетсе, уулумду жакшы караса болду, ынтымак бере көр кудайым", - деп тиленип жатты, алланын улуктугун көр, кандай болбосун пенде кубанычта да, кайгы да дагы кудайды оозуна алып ар убак жалынып-жалбарып турушат. Аманаттын эки эжеси Гүлжанды өнтөлөп эле жатышты, ананчы инисинин эки баласына жакшы караса экен деген тилек аларда да бар.

- Гүлжан, - деди улуусу Канайым, - Аманатты сыйласаң анын эки баласын, апамды кошо сыйла, өзүңөр менен өзүңөр болсоңор ушул үй жай, бирин-экин мал силердики, биздин өз үй-бүлөбүз бар, оокатыбыз жетишерлик айланайын.

- Ооба, жалгыз инибизден эчтеке аябайбыз, берсек беребиз албайбыз, Нуру менен Перини өз балаңдай кара, кудай берсе өзүң дагы төрөп алсаң билинбей эле бир тууган болуп калышат, асты бөлө көрбө садага.

- Кантип эле, жаш балдарда не айып, мен түшүнөм эже, Аманат экөөбүз бактылуу болсок эле болду.

- Болосуңар кагылайын, - деди Айым эне, - Талашаарыңар жок, өзүңөр ээсиңер айланайын.

- Ооба-ооба, - дешип Канайым менен Даткайым жарыша коштошту. Эки-үч күндөн кийин Гүлжандын ата-энеси келип калды, тирүү пенде эмнени гана көрбөйт, айрыкча ар түрдүү адамдар бар, Гүлжандын ата-энеси жок таята-таенесинин колунда өсүптүр, көрсө күйөөсү жок төрөп коюп ата-энесине таштап шаарга барып чоң окуу жайында окуп азыр бир айылдын айыл өкмөтү болуп иштейт экен, Гүлжан аны эже дейт экен, Кларанын үй-бүлөөсү, мансаптуу жумушу бар кадыр-барктуу күйөөсү бар, Гүлжанды төрөгөнүн күйөөсү билбейт, сиңдиси деп билет. Гүлжанды окутуп-чокутуп өздөрү билип күйөөгө бермек болгондо ал болбой койгон, Атабек менен Асел эркелетип өстүрүп өз оюн бербеген өзүмчүлдүгү менен ала качкан жерине дагы отурган эмес. Аманат жиберген кишиден алар кийинки жумада келээрин айтып жиберишиптир, ошол күнгө союшун даярдап камынып жатышты, Канайым менен Даткайым кийит кече алып келип акча белендеп коюшту. Болжогон күнү Лексус-РХ330 унаасы менен Ауди-100 экөө менен алты адам келди, артынан Хундайга жүк жүктөп биротоло себин алып келип калышты. Асел менен Клара, күйөөсү Нуртай, эки уулу келини менен келишкенде Гүлжанды үйдөн чыгарышпады. Асел адегенде Гүлжанды чакырып өзү сүйлөштү да жүгүн түшүрүп конок бөлмөгө жайланышты. Клара Гүлжанга абдан окшош, толук балпайган кырк-кырк бештердеги аял экен, ал атасы Атабекке окшош эле. Ошентип Аманаттын багына кайын журту жакшы чыгып көңүлү тынып бергенин албай:

- Айланайын, биз калың албайбыз, бир айдан кийин баргыла, үлпөт тоюңарды өткөрөбүз, - деди таенеси Асел, - Жалгыз кызым деп Кларадан кийин көргөн кызым, мен кайра силерге беремин, башкысы кызымдын көз жашы тамбасын, капаланып кайгырбасын, башкасы кеп эмес.

- Кудагый, кыз калыңсыз болсо дагы каадасыз болбойт, ырым үчүн алгыла, - деп Жумаш айтканда Нуртай:

- Жо-ок, кыздан алган жарыбайт деген сөз бар, биздин Гүлжанды гүлдөй жайнатып, кабагына кир жугузбай эле күтүп алсаңар болду күйөө бала, - деди.

- Ооба балам, кыз тынып калса ата-эненин кубанычы, биздин бул кылганыбызды башкача түшүнбөгүлө, - деди Асел.

- Кудалар, Гүлжандын өзү каалап турмушка чыкканын өзүбүз дагы каалаганбыз, - деди Клара, - Андан көрө экөөнүн бактысын тилейли, - дегенде Жумаш менен Тагайдын аялдары, Канайым менен Даткайым кийиттерин көтөрүп келип кийгизишкенде ар бирине миң сомдон коюшту, ошентип куда тозуп узатышты, Гүлжандын дагы себи оңой келген жок, үйгө батпай калды, аны көргөн коңшулары андан бетер шыпшынып кеп кылып жатып калышты.

- Ай, катын албай кайын ал деген ушул да, Аманаттын жолу жакшы экен, өп-чап жашашчу эле эми үйүнө кирсең чыккыс болуп калды, - деди маңдайкы коңшусу Шайыр.

- Ооба десең, биздин балдар катын алса калыңын бычып жатып калышат, анан сеп эмес эчтеке жок, - деди шыпшынган Толкун.

- Ээ ар бир адамдын буйруган насиби бар да, эми бечара Аманат аялы менен бактылуу эле болсунчу, дүнүйөсү менен жерге кирсин.

- Ал айтканың туура, эми боосу бекем болсун, - деп тим болуп калышты. Ата-энеси келип кеткенден кийин Аманат:

- Гүлжан, - деди.

- Оов, эмне айткың келди эле?

- Клара эжеге окшош экенсиң.

- Эжем экөөбүз атама окшошпуз.

- Атаң сулуу кишиби?

- Ооба, апам өзү ашык болуптур да атама.

- Чынбы?

- Ооба, анда деле болуп койгондор чанда болчу экен, апамды өзүнүн бөлөсүнө алып бермек болуп кудалап койсо болбой атам менен качып кетиптир, - деп Гүлжан күлүп калды.

- Апам анда кыйын экен да.

- Ооба, апам айтканынан кайтпайт, атамды өзү билет, экөө кеңешкенде дагы апамдын айтканы айткан болот.

- Клара эжечи?

- Алар кызматчылар, мен андай мансаптууларды жактыра бербейм, - деп Гүлжан ойлонуп калды.

- Тойду кантебиз?

- Барабызбы?

- Сен кааласаң.

- Алар айтканын аткарышат, абройлуу адамдар мындай үлпөт тойдубу, же жөн эле туулган күндү өздөрүнө окшогон адамдар менен өткөрүүнү адатка айлантып алышкан, өздөрүн көрсөткүсү келишет.

- Барабызбы анда.

- Апам таарынып ыйлайт го барбасак.

- Анда ким-ким бараарын дайындап акча даярдоом керек го?

- Кереги жок.

- Неге?

- Алар сен алып барганда деле албайт уят болосуң, эки күн калганда машина жөнөтүп алдырып алышат, - деди Гүлжан.

- Тойду өткөрүү менин милдетим го?

- Алар андай ойлошпойт.

- Мейли, - Аманат ойлуу көпкө унчукпай калды, - Эмнеге сен ата-энеңдер жөнүндө айтпадың?

- Мактануум кере беле?

- Деги да.

- Кой эми, ойлоно бербе, кыскасы алар биздин жашообузга шарт түзүп беришет, көрөсүң го тойдон түшкөндүн баарын бизге беришет.

- Аны албай койсокчу?

- Албаган оюңа дагы Нуртай жездем койбойт, ал өзү абдан сонун киши, эжемдин айтканын эки кылбайт, айттыбы аткарат.

- Жакшы экен анда.

- Ошондой.

- Сен шаарга кетем дебейсиңби?

- Жо-ок, мен айылга жашаганды жактырам, шаарда иштегим келсе алда качан мени каалаган мектепке орноштурмак.

- Мунуң жагат.

- Чынбы? - Экөө кучакташып жатып калышты, бирок кээ-кээде Аманат кызы уктап жатканда анын жанынан бир шоокумду сезчү, бирок апасына дагы айткан эмес. Бир жолу сырттан Пери ыйлап жатканынан кирип келе жатып эси ооп кала жаздаган, азыркы жел бешикте уктап жаткан наристени аппак кийимчен сөлөкөт терметип жатыптыр, заматта көздөн кайым болду. Андан дагы түнкүсүн апасын кыйналбасын деп бешикке бөлөп коюп өзүнүн жанына коюп жатчу, дагы бир жолу ойгонуп кетсе бешик өзүнөн-өзү термелип наристе ойгоо "бу-булап", ойноп жатыптыр, анан дагы жаңы эле сүт эмгендей ууртунан агарып сүттүн куюлганы көрүнүп калды: "Байкушум ай, бей күнөө элең, ал жакта дагы балдарыңды ойлонуп тынч жата албай жаткан экенсиң, кантсе дагы төрөттөн кеткен аял бейиште болот деген ырас тура", - деп ойлонуп алчу. Бүгүн түнү дагы жанына шуудураган дабыш чыгып, Перинин жанына келип көпкө турду анан бала ойгонуп кетип күлүп жатты, аны менен күлүп ойнотуп жатканда ойгонуп кетип кызын караса уктап жатыптыр. Гүлжан дагы катуу уйкуда, кайра жатып алган соң уктабай көпкө жатты, эртең менен эрте турган Гүлжан аны зорго ойготту:

- Түндө уктабагандай катуу уктапсың да.

- Билбейм, таңга маал уктадым.

- Эмне кыйнап жүрөт сени?

- Эчтеке.

- Анда эмнеге уйкудан калдың, бирдемени ойлойсуң го?

- Өлөйүн, ойлой турган эчтеке жок.

- Болуптур, туруп жуунуп кел, - Гүлжан жадырай карап чыгып кетти, таңкы чайын ичишкен соң Гүлжан мектепке кетти, Аманат жумушка чыга элек болчу, аялы кеткенден кийин:

- Апа, Перинин жанында ар дайым Гүлкандын элеси жүрөт, бул эмнеси? - деди ойлуу.

- Аа-а бечара, төрөттөн өлгөн аял бейишке чыгат да, баласынын жанында жүрсө колдогону, бүгүн куран окуп коелучу, балдары турбайбы.

- Ошентеличи, деги зыяны болбойбу?

- Кудай сактасын.

- Мурда дагы көрчүмүн, бүгүн такыр башкача, ойнотуп жатыптыр, Нурдөөлөткө келбейби апа?

- Мен деле байкайм балам, ал байкуштун бей күнөө экени ырас эмеспи, сени чоочуйбу деп айтчу эмесмин, - деп Айым эне үшкүрүп алды.

- Кызык, арбак деле билет экен да.

- Кудай де балам, арбагы колдосун.

- Ооба, жаткан жери жайлуу болсун, - Эне-бала унчукпай калды. Пери болпоюп жоош, жаркылдап күлгөнү абдан сүйкүмдүү, Гүлкандын эле көчүрмөсү, аны көргөн сайын Аманат ойлонуп калат, Гүлжан бара-бара аларга көнүп, колуна ала коюп эркелетип жакындай баштады, Пери тамтуң басып, Нурдөөлөт үчкө чыгып сүйлөп калган, Айым эне багуусу жарашканга тыңып калган, небересин кайтарып артында жүрөт. Аманат иштеген жок, ал мектепке иштегенден көрө кредит алып мал багып бизнес кылмак болуп жатты, Гүлжандын ата-энеси балалуу адамга тийгенине бир аз капа болгону менен аргасыз тим болушуп он күн мурун киши жиберишти, тойго даярдык көрүшмөкчү. Аманат барбайм деп айта албады, эки эжеси дагы кошо бармак. Жумаштын келин уулу, Тагай аялы менен жөнөп калышты. Убакыт келип бир ресторанда алардын тойлору өтмөк болуп даярдык көрүп жатышты, Гүлжанды апасы Асел чакырып алып:

- Кызым, иштешкендериңди чакырдың беле? - деди.

- Ооба апа, келип калышаар.

- Жакшы, элдин көзүнчө атаң шаардагы эң жакшы үйдүн ачкычын берет, кааласаңар шаарга жашасаңар болот.

- Жок апа, карыган апасын таштап шаарга эмне бар? - деди Гүлжан кабак чытый, - Мага айылда жашаган жагат.

- Өзүң бил кызым, шаарда жашаганың эле жакшы эмес беле?

- Шаарды жактырбайм.

- Мейли анда, коноктор келе башташты, - деп Асел кызынын бул чечимине нааразы болгондой, коноктор орун алышкан соң тойду алып баруучу тамада ирээти менен сөз берип, арасында ырга кезек берип бакылдап көңүлдүү алып барып жатты. Нуртай абройлуу кызматчыларды чакырган экен кычырашып сүйлөгөндөн эригишип маалкатып жатып кошумчаларды кайра-кайра басымдуулук менен айтып жатканда Гүлжан менен Аманат баш ийкей ыраазылык көрсөтүп турушту, бир кезде Атабек менен кыз-күйөөсүнө үйдүн ачкычын берип:

- Кызым, - деди Атабек, - Гүлжан, Аманат, ылайым ошол үйдөн уул-кыз көрүп, бардык жакшылыгыңар өтсүн, силерге бакыт тилейм.

- Мен дагы кызым Гүлжан менен күйөө балам Аманатка чың ден-соолук, узун өмүр, жаркын жашоо каалайм! - деп Асел ары жылды. Аманаттын тагасы Тагай намысын алдыргысы келбей жылкы деди, Жумаштын баласы Канат дагы бир жылкы деди, эки эжеси он миң сомдон акча, бирден торпок айтты. Той бүткөн соң баары чогулуп белек кылган үйгө барышса ал жерде даярдык көрүп күтүп жаткандар тосуп алышты, бул үйдү көргөндө Аманат баш болуп бирге келгендер дагы суктанып турушту, тойдон түшкөндөрдү Нуртай ошол жерде бүт берди. Аманат башын жерге салып уялып турганда Атабек бакылдап минтти:

- Мына балдарым, жаңы жашоо баштайсыңар, экөөңөрдү тең билим берүү министерствосуна сүйлөшүп койдум, буйруса иштей бересиңер, - деп экөөнө карады эле Гүлжан озуна сөзгө кирди:

- Ата, биз шаарга жашабайбыз?

- Эмнеге?

- Үй-жайыбыз бар, иштегенге ишибиз бар, карыган апабызды таштап келе албайбыз.

- Демек келбейм дегилечи?

- Ооба, - деди Гүлжан.

- Мейли анда, Аманатты директорлукка орунга сүйлөшөйүн.

- Коюңуз, мен көп жыл иштешкен агайымдын орун талашпайм, - деп Аманат көңүлсүз жер карады.

- Ой, эл деген алдыга карай умтулуп жатса силер ак жүрөк болуп чыга келесиңер да, - Атабек кыз-күйөөсүн ормое карады.

- Ооба ата, биздин чечимибиз ушул.

- Жар-райт-жа-арайт, мен анда киришпейм, өзүңөр билгиле, - деп сакал мурутун жанып отуруп калды, эки күн турган соң бир таксиге буюмдарын топтоп салып, айылга келишти, Айым эне дагы коңшуларын чакырып кешик ооз тийгизип чай берди, коңшулары азан-казан кеп кылып жатышты, акыры баардык нерсенин аягы бар демекчи, Аманат өз иши менен аракет кылып жатты. Тойдон жүз элүү миң сом алып келишкен, ага мал алып, тоюп сатып алып иш баштады. Гүлжанга мурун эле директор сөз айтып көңүлдөш болууну сунуштаган эле, күндө анын жанын койбой жолугууну сунуш кыла баштаганда ал контордо жалгыз отурганда кирип минтти:

- Агай, мен сизди аяп жатам, дагы бул жоругуңузду көрсөтсөңүз мен сизди уят кылам да иштен кетем, анан сизге мугалимдер ишенеби көрөсүз, - деди ызалуу.

- Анчалык эмне болду, кыз белең? - деди кызаңдай Салимбай Рахманов.

- Мени үй-бүлөөм бар, күйөөмө жамандык кыла албайм, сиз уялбайсызбы, мен сиздин кызыңыздаймын го? - деди да чыгып кетти.

- Көр-рөөбүз, ак жашаганыңды, - Салимбай Рахманов ызалана отуруп калды, убакыт өтө берди, Гүлжан Аманат менен бактылуу жашап жатты, балдарды жан дили менен карап, кирин жууп, кирпигин карап өнтөлөп турат, билбегендер аны өз баласы деп ойлоору шексиз эле. Анысын көз жаздымда калтыра алган жок Аманат, аны барган сайын сүйүп бара жатты, жанындай сүйгөн келинчегин кызгана баштады, мурда мындай сезим болбогонуна өзүнчө таң калып ойго батат. Бир күнү ал жумуштан келгенде:

- Гүкү, менде бир ой бар, - деди ойлуу карап.

- Айт, кандай ой? - Көзүн ала качты, ошол эле күнү ал Салимбай менен айтыша кеткен эле, - Кулагым сизде.

- Сен мени туура түшүн... - Аманат башын сылай айтсамбы жел айтпай эле койсомбу дегендей карап калды, - Сен кандай кабыл аласың билбейм...

- Ой айтсаң боло, кишини бук кылып ийдиң да.

- Сен иштебей эле койбойсуңбу?

- Эмнеге? - Гүлжан таңгала карап: "Бул Салимбайдын сөзүн угуп калган эмеспи, кимден угушу мүмкүн, же ал былжырап салды бекен", - деп ойлонуп тигиле карап калды.

- Баары жетишет, кудайга шүгүр, андан көрө мен бизнес кылсам сен бухгалтер болбойсуңбу? - деди жылмая.

- Кызык, мен үйдө отуруу үчүн беш жыл окуган жокмун да Аман...

- Аны түшүнөм дечи, - Кучактап өөп, - Мен сени кызганып бара жатам, - деди.

- Чын элеби?

- Ооба, сен менин гана гүлүм болуп жүрө берчи, үйдөн кетсең эле жоготуп алчудай сезе берчү болдум Гүкү.

- Ушул жылды аягына чыгарып коеюн.

- Чын эле жыйынтыктагың келеби же сөз салгандарды жообун бере элексиңби? - деди Аманат сынай тамашалап.

- Ыя, эмне дедиң? - Гүлжан чоочуп кетти: "Бул эмне дегени турат, оозуна алы жетпеген бирөөлөр буга бир сөз айтканбы", - деп ойлонуп алды.

- Тамаша, - Аманат каткырып жиберди, анын оюнда эч кандай арам жок эле, эмне дээр экен деп айтып жаткан: "шектүү шекшинет", - дегендей Гүлжан чындап эле коркуп кетти.

- Жинди! - деп эс ала түшкөндөй сүзүлө күйөөсүнө жөлөнө туруп калды, - Ушунча дагы күмөнчүл болосуңбу?

- Койдум, айттым койдум да, бирок өзүң ойлонуп көр, - деди да экөө ээрчише ички бөлмөгө киришти, Айым эне эки небереси менен отурган экен.

- Келдиңби балам? - деп уул-келинин карады.

- Апа-а, апа келип калдыңбы? - деп Нурдөөлөт жетип Гүлжанды кучактап калды, анын артынан жыгылып туруп Пери жетип келди:

- Ап-па, ап-па!

- Оой алтындарым десе, апасын сагынып калышкан го? - Гүлжан ал экөөнү алмак-салмак кучактап өөп Перини көтөрүп, Нурдөөлөттү жетелеп өйдө өттү, - Силер отуруп тургула ээ, мен чай кайнатайын.

- Кел кызым, апаң кийимин которуп чай алып келсин, - Айым эне колун созо кызды колуна алды. Нурдөөлөт тыпыйып чоң энесинин жанына отуруп калды:

- Чоң апа, чай ичебишпи?

- Ооба уулум.

- Менин кайдым ачты.

- Каралдым десе, азыр апаң кардыңды тойгузат.

- Менин дагы кардым ачты уулум, - Аманат уулунун мурдун чымчый отуруп калды, ал азыр аябай тагдырына ыраазы, балдары өгөйлүктү билбей өсөөрүнө көңүлү ток, алган аялы ойдогудай болуп калганына тымызын кудайга шүгүрчүлүк кылып жүргөн.

- Амантай, Гүлжанга жардамдаша кой балам, жумуштан келген неме чарчады го дейм, - деди Айым эне.

- Өзү эле алып келет апа, - Аманат күлүп койду, эне уулун дайым Амантай деп эркелетип келет, эненин дагы көңүлү тына баштаган, жашы жетимишке келип калса дагы чыйрак, тың болмок, оору анын шайын алып койгондой болду: "Жок дегенде ушул неберелерим ак-караны таанып, кор болбой турган куракка жеткирип койсом арманым жок эле, уулумдун жалгыздыгы билинбей очор бачар, ордолуу шаар болуп учу узарса экен", - деп тилеп отурат:

- Балам, - деди дасторкондо отуруп, - Амантайымдын жалгыздыгы жетет, эми Нурдөөлөткө шерик төрөп бер садагаң кетейин.

- Апа, балдар бир аз чоңойсун.

- Кудай аман койсо чоңоюп калышты, сен төрөгөнчө эсине кирип калышат.

- Кудайдын буйруганы да апа, - Гүлжан күлүп койду.

- Аның туура садага, берээрин унутпасын айланайын.

- Чын эле Пери деле басып калбадыбы, - деп Аманат күлүп келинчегине карады, - Кудай деп туралычы апа, сенин ден-соолугуң эле жакшы болсо көп-көп неберелериңди көрөсүң.

- Оой кандай жатасыңар? - деп Канайым кирип келди, алар Гүлжандын көзүн карап калышкан, эки бала менен апасына жакшы карап ыймандуу чыкканына кубанып жүрүшкөн. Бүгүн Аманаттын туулган күнү эле, алар инисин куттуктаганы келишкен, артынан Даткайым дагы келди, колунда эшиктин алдында өскөн гүл менен өзү жасаган торт бар.

- Аманат, туулган күнүң менен!

- Ой-ой эже, мен таптакыр унутупмун, - Аманат тура калды, - Эсимден чыгып да кетиптир.

- Садага болоюн десе, биз унутпайбыз, - Даткайым менен Канайым экөө кучактап өөп куттуктап Гүлжанга кайрылды Канайым, - Инимдин кадыр баркына жетип, бири-бириңди сыйлаган үлгү болчу үй-бүлөөдөн болгула.

- Рахмат эже, мен таптакыр эстебепмин, буйруса кийинки жылдары өзүм дасторкон жайып тозуп алам.

- Аман болсоңор баары болот, - Ошол кезде жезделери дагы келип калды, башка-шака болуп туулган күндү куттуктап бир туугандар өздөрүнчө отурушту, адам баласы алдыда кандай нерсе күтүп жатканын билсе алдын ала кам көрүп сактанып калууга үлгүрмөк, бирок тагдыр ушундай тура, эртең кечинде Гүлжандын кайда кеткенин билбей кыжаалат болуп отураарын Аманат да, Гүлжан дагы сезбеди. Ал күнү көпкө отуруп анан кетишти, Аманат менен Гүлжан балдарын уктатып койгондон кийин бири-бирин кыса кучактап эзилишип жатып уктап калышты, ошол учурда экөө тең бирдей түш көрдү, адегенде Аманат чоочуп ойгонду, ал түшүн эстеп: "Бул энеси, Гүлжанды капкараңгы чуңкурга бирөөлөр көмүп коюптур, мен аны чыгарып алайын десем жер катуу, тырмактарым сынгыча каза албай ойгонуп кеттим, деги жакшылык эле болсо экен", - деп келинчегинин уктап жатканын көрүп элжирей төшөктү кымтылап коюп жатып калган, уктай албай ары оонап, бери оонап жатканда Гүлжан:

- Апа-! - деп тура калды.

- Эмне болду Гүкү? - Аманат үйрүлө калды.

- Жаман түш көрдүм, суу ичип келейинчи, - Гүлжан тура бермек болгондо Аманат токтотту:

- Отура бер, мен алып келип берем, - Аманат суу алып келип жанына отуруп чачтарынан сылады, - эс ала түштүңбү жаным?

- Билбейм Аманат, көргөн түшүм көз алдымдан кетпей туруп алды, - Ойлуу күйөөсүнө жөлөнүп отуруп айта баштады, - Мени бирөөлөр жер казып көмүп коюшту, чыгайын деп чыга албай жаттым, улам топурак үстүмдөн баса берип чыга албай ойгонуп кеттим, бул эмнеси Аманат, мен өлүп каламбы?

- Кой антпе, анын бетин ары кылсын, сен кө-өп жашайсың, - деп Аманат келинчегин бооруна кысты, - Жамандыкты ойлонбочу жаным, алтышкам менин, түшкө эмнелер кирбейт, баарын жакшыга жорусу жакшы болот, - деп жайгарганы менен өзүнүн да түшүн эстеп: "Мен көргөн түш буга дагы кирген тура, бул эмнеси болду деги, эми көңүл жайланып калганда", - деп ойлонуп отурду.

- Аманат, мен корком.

- Коркпо алтыным.

- Билбейм, топурактын алдында калдым...

- Жакшы болот баары өзүңдү жаманга буйруба, көрөсүң го баары жакшы болот, - деп экөө бири-бирин кое бергиси келбей отура беришти, бөлүнсө эле аларды бир нерсе бөлүп койчудай көрүнөт, аңгыча таң атып кетти, Аманат апасына кирип түшүн айтты эле ал камыр жууруп жети токоч жасай койду. Куран окуп эртең мененки сабакка кетип жаткан балдарды тосуп эне таратып ийди. Гүлжан кийинип мектебине кетти, Аманат ар кайсыны ойлонуп убакыт кандай өткөнүн билбей калды, Гүлжан сабактан келип эле:

- Аманат Салима эженин элүү жашын куттуктап мугалимдер бара жатабыз, сени дагы келсин дейт барасыңбы? - деди.

- Мага эмне бар, мен азыр бизнесменмин да, а-а сен деле барбай эле койсоңчу, - деди Аманат.

- Эже таарынып калат го?

- Түшүндүрүп коесуң да, белек берип кой эртең.

- Анда бүгүн эле белегин берип баса берейин.

- Мейли өзүң бил, кеч калба.

- Барып эле келе калам, - Гүлжан жылмая карап: "Сен мени кызганып турасың го, мен сени эч качан башкага алмаштырбайм, сен менин бактымсың", - деген ойдо балдар менен карыны түшкү чайга тойгузуп коюп кийимин кийинип чачын артына түйүп алып жөнөдү, дарбазадан чыгып бара жатып күйөөсүн бир карап койду: "Ичиң күйбөй отура тур жаным, сенсиз мен жашай аламбы, сенин ордуңду башкага бастыруу колумдан келеби", - деп ойлоп чыгып кетти. Аманат болсо таптакыр башка ойдо: "Неге экинчи көрбөөчүдөй болуп жатам, азыр кеч кире элек, бир аз отуруп келип калаар", - деп үйүнө кирип кетти. Гүлжан Салиманын үйүнө келип куттуктап коюп эле кетмек болду, бирок ал отургузуп койду, баары келип директору Салимбай Рахманов келбеди, анын районго жыйынга кеткенине эки күн болгонун баары билет эле. Эки-үч сааттай отурган Гүлжан ал жерден чыгып бара жатканда аны аңдып тургандай эле алдынан машина чыгып Салимбай түшө калды:

- Кайдан караңгыда? - деди ал келинге кытмыр жылмая.

- Салима эженин туулган күнүнө келгенмин, сизди күтүп жатышат агай, - Гүлжан өтө бермек болду.

- Сен эмнеге отурбадың?

- Жумушум бар эле...

- Кел отур, жеткирип коюп анан биякка келейин.

- Жөн эле коюңуз, өзүм кетип калам.

- Эми сыйлаганга да болбойбу? - Салимбай капа болгондой туруп калды, - Өткөн өтпөдүбү, эми биз коллегабыз, мен силердин башчыңармын.

- Кечиресиз, - Гүлжан уяла түштү, эгерде ошондо ал өзүнүн өлүмүнө бара жатканын билсе түшмөк эмес да: "Айтса-айтпаса төгүнбү, өткөнгө кекеткенде эмне, улуу киши эмеспи, шагын сындырбайын", - деген ойдо алдыңкы орунга отурбай артка отурду. Ал отураары менен эле Салимбай унаасын артка айдап жөнөгөндө гана Гүлжан бир жамандыкты сезип:

- Эмне болду сизге, кайда бара жатабыз? - деп чыйылдап ийди.

- Коркпо жебейм, ээн-эркин бир сүйлөшөлү.

- Агай, мен сизге адам экен деп ишенсе бул эмне кылганыңыз? - Ыйлап жиберди, - Эмнени сүйлөшмөк элек, жолубуз такыр башка эмеспи агай?

- Болду көп сүйлөбө! - деп зирк этти Салимбай заардуу карап, - Киши жегич эмесмин, акылдан аза сүйүп калдым, ошол менин күнөөм.

- Мүмкүн эмес, андай болууга жол бербейм!

- Болду дейм, - деп Салимбай ызылдата айдап тээ төш тараптагы эки жыл мурун салып койгон үйүнө жетти, өзү эки күндөн бери ал үйгө тамак аш алып барып камынып жаткан, анткени дал ошол Салиманын туулган күнүнөн пайдалангысы келип атайын районго кеттим деп план түзүп койгон эле. Гүлжандын дароо эле оозун таңып жетелеп кирди, - Менин айыбым сени эстен тана сүйүп калганым, макул десең сени алып дүйнө кезип кетээр элем Гүлжан, ушундайда ташта жанагы күйөөңдү, мен сени ак куудай койкойтуп багып алам, - деп башын жерге сала тизелей келиндин маңдайында отурду, - Сен мен айтканга макул десең эле болду, жумуштан чыгып алып экөөбүз каалаган жакка кетебиз.

- Уятыңыз жок экен, мен сиздин кызыңыздаймын, ушуну кантип айтып жатасыз?

- Сен мени укпайт экенсиң, - деди да буту-колун таңып төшөк үстүнө жаткырып, оозун байлап туруп кетип калды. Ал өз кылмышын жабуу үчүн туулган күнгө барып көпкө отурду, андан эч ким эчтеке сезген дагы жок, ал өзүнүн башчылыгын эске алып Салимага жакшы тилектерди айтты да:

- Мен чарчадым, үйгө барып эс алайын, силер отура бергиле, - деди баарына сыпайы карап.

- Жакшы барыңыз, - дешип кала беришти: "Эми менден эч ким күмөн санабайт, Гүлжан менден кутулуп көрсүн", - деп ойлонуп үйүнө келди, аны аялы жаман көрө карады:

- Ийи, токол тийбей койдубу?

- Бас жаагыңды, бир күнү токол алып кетип калам.

- Акылыңдан адаштың, ушу сени кантип мектептин директору дейт ыя, тарбия бере турган сен болсоң жыргаган экенбиз, - Мурдун чүйрүй, - Ма-а десең он токол алып жоголуп кетчи! - деп бөлмөдөн чыгып кетти.

- Сен менин ички сезимимдин эмне болуп жатканын сезсең гана, өмүрүмдө бир жолу сүйүп, сүйүүнүн азабынан жинди болуп бара жатам, - деген күйөөсүн кайра чыккан Эрке ээликтей карады:

- Ии-ий бети жок ий, эми кантейин да, жашың элүүдөн ашканда сага сүйүүнү ким коюптур, акылсыз айбан!

- Раймаалы менин курагымдан өткөндө сүйгөн Бегимайды, андан эмнем кем экен, кааласам биротоло кетип калам, - Салимбай ушинткенде Эрке анын жанына келди:

- Эсиңе келчи, сен Райманаалынын жанында кимсиң, ал атагы чыккан ырчы болуптур, сени ким таанып, ким сүйөт ыя? - деди жай гана ага карап туруп, - Андан көрө эсиңе кел, акылыңды жый, сенин токол алам дегениңден тажап кеттим.

- Тажасаң мени кое бер.

- Сени ким кармап жатат?

- Мен токол алсам тынчымды алба.

- Ой адегенде алчы, ушу сага тийгени жаткан ким экенин мен билейин, анан сага бирдеме десем өлөйүн, - деп ордунан турду, Салимбайдын мындай сөздөрүнөн балдары да аялы да тажап бүткөн эле, ошондон көп өтпөй анын ишинен бошогонун угушту...

Аманат эмнегедир жүрөгү жамандыкты сезгендей эле утур жол карай берди, түнкү он эки болгондо Салиманын үйүн көздөй өзү жөнөдү, Салиманын үйүндө урук туугандары бар болчу, мугалимдер алда качан кетишкен болчу.

- Кел Аманат, - деди Салима чыга калып.

- Эже, Гүлжанды чакырып коесузбу? - деди куттуктаган соң.

- Гүлжан алда качан кетпеди беле?

- Кантип, үйгө барбады го?

- Эрте кетип калган, мугалимдер кийин кетишти.

- Кызык, кайда кетүүсү мүмкүн, - деп кайра артына бурулганда жүрөгү "болк" этип алды: "Ага эмне болду, же менден качтыбы, сыр билгизбей жүрүп кетмек болдубу, неге мен ага жамандык кылдымбы, жо-ок ал кетпейт болчу, анда ага эмне болду", - деп үйүнө келип ар кайсыны ойлоно берди. Кирпик какпай таң аттырган Аманат эртеси мектепке барып сураштырды, бирок алардын баары Салима айтканды айтышты. Аргасыз классташына барып кайнатасыныкына жөнөдү, көп өтпөй алар тапырап келип калышты, Аманатты аз жерден каматып да жибере жаздашты. Акыры Нуртай бир нерсенин шегин билүү үчүн бир жигитти ошол айылга жиберди, ал лейтенант Ашыров Батырбек эле. Аманат көргөн түшүнүн кандай чечилээрин билбей көзү ачык, айтуучулар менен төлгөчүлөргө барып баарынан бир гана: "Ал азыр тирүү, бирок аны таба албайсыңар", - деген жооп угуп жүдөп, арыктап бүтүп калды.

- Ошол күнү уруштуңар беле? - деп аны тергөөчү сынай карады, - Балким капалантып койгондурсуң?

- Жо-ок, жашаганыбызга сегиз ай болду, бирок кайым айтышкан эмеспиз, жакшынакай эле кеткен.

- Эмнеге чогуу барган жоксуң?

- Мен иштебегенден кийин барбай эле коеюн дегенмин.

- Ошондо урушкан чыгаарсың?

- Эмнеге, урушуу оюма да келген эмес.

Аманаттын чын дили менен айтып турганын тергөөчү билди, көп кысмакка албады, ошол күнү туулган күнүн өткөргөн Салима дагы сурак берди, ал адегенде эле:

- Мен Гүлжанды чынында сиңдим катары билчүмүн, ошол күнү күйөөсү экөөнү тең эле чакырганмын, бирок жалгыз келип тез эле кетмек болгонунан отургузуп койдум, кайдан билем андай болоорун, - деди чебелектеп.

- Күйөөсү экөөнүн ортосунда бирдеке болушу мүмкүн беле?

- Жок, Аманатты көптөн бери билем, андайга баруусу мүмкүн эмес.

- Анда кайда кетти деп ойлойсуз?

- Билбейм айланайын, күтүлбөгөн окуя болду, мен эчтеке дей албайм, - деди Салима, тергөөчү Ашыров Батырбек дагы бир топ мугалимдерди, Аманаттын коңшуларын сурады, бирок илинчек таба албады. Күн өтө берди, ойлонуп жатып Аманат ооруп калды...

Салимбай үч-төрт күн барбады, бирөөлөр шекип калабы деп коркту, бир күнү күүгүмдө унаасын минип эки жагын абайлап төштү көздөй жөнөдү, ал келсе байлануу турган келиндин ооздору кеберсип көздөрү чүңүрөйүп эстен танайын деп калган эле.

- Жаркыным, мени кечир, келе албай жаттым, кыйналдың го ээ, азыр сенин кардыңды тойгузам, - Салимбай аны чечип баладай көтөрүп алып башка бөлмөгө кирди, жаткан жери, кийими булганып калган эле.

- Кудай жазаңды берсин, - деди оозу бошой түшкөн келин.

- Койчу эми, ачуулана бербечи, сен деп жинди боло жаздадым, үч жылдан бери сөз айтканыма көнбөй күйөөгө тийип кеттиң, - Салимбай колдору калтырай жүзүнөн сылап өпмөк болгондо Гүлжан аны колго чаап жиберди.

- Жүзү кара!

- Кандай десең де, жанымда болсоң болду, - Күлүп койду, анан чай кайнатып келди, карды кабышып турган келин турмак болду эле аны тургузбай кармап туруп бутуна чынжыр тагып кулпу салды.

- Акмак, муздак суу берип койчу.

- Берем, андан көрө чай ич.

- Чайың башыңда калсын!

- Мейли, ачуулана бер, мен сенин карааныңа зар болуп уйкусуз түн өткөргөнүмө үч жыл болду.

- Менин ата-энем баары бир табат, эмдигиче издеп жаткандыр, кое бер кудай жалгагыр! - деп жалдырай ыйлап ийди. Салимбай ага боору оорумак тургай кайра кычаш сүйлөп кыжырын кайнатып сүйүүсүн айта берди. Түнү бою бергенин ичпей койду эле колу-бутун байлаган бойдон рахаттана өз максатына жетип өпкүлөп да жатты, бечара келиндин көзүнүн жашы талаа-талаа болуп жүзүн жууп боздоп жатты.

- Алтыным, андан көрө менин айтканыма көнсөңчү, - деди жашын аарчый, - Кел эч ким таппаган жакка кетип калалы.

- Жинди, келесоо акмак, акылынан айныган псих! - деп ыйлап жатып бакырды, - Жарда-ам, жардам бергиле! - деп бирөө жарым угуп калаар деген ойдо бакырып кирди.

- Сени сүйлөгүс кылайын, - деп оозун бекем таңып койду, - Эми мен сени да ушинтип камайм, - деди жинди болгон немедей баса калып өпкүлөп кумардан чыга буту-колу байлануу келинди уйпалай.

Гүлжандын алы кетип алсырай баштады, үч күндөн бери ачка, азыр бир чыны гана муздак суу ичкен. Кайрадан таңылып, анан калса алжыган немеге кордолгонуна армандуу көз жашын төгүп, жүрөгү канап жатты: "Эми эч кимдин көзүнө тирүү көрүнбөйм, кантип элдин жүзүн карамак элем, Аманат эмдигиче атамдарга айтып издеп жатышкандыр, ушул акмактын жазасын берсе экен, мен ушул эле жерден өлгөнүм артык", - деп ыйлай берди, таң агара баштаганда Салимбай кетип калды, тамак ашты ал жете турган жерге коюп, чынжырды бекем байлады, ошондон үч күн өткөндө Салимбай түндөсү үйүнөн чыгып кетип жоголду, балдары аны издеп таппай калды, ал жөнөкөйдө айдап кетчү машинасы турат. Ал Гүлжанга келип жер каза баштады, күндөп-түндөп жер казып үстүн тактай менен жаап коюп Гүлжанга бирдеме берген болот, кеч күз болуп калган, от жаккандан коркот, өзү да жүдөп кеткен, сакал муруту өсүп жапайы адамга окшоп бара жатты. Гүлжандын гүлдөй жүзү кубарып күндөн-күнгө соолуп бара жаткан эле, анын жашоодон үмүтү үзүлдү, өзүн эч ким таба албасына көзү жетти, жер казып тепкич жасаган Салимбай аны көтөрүп кирип жер алдына төшөккө жаткырып коюп өзү эптеп түнкүсүн эч ким байкабай тургандай кылып тамак жасап кирди:

- Кел жаркыным, ысык тамак ичип алчы, - деди келинге жалдырай карап.

- Кереги жок, мен сени эч кимге айтпайм, кое бер мени, өз намысым үчүн дагы сени айтпайм, - деди Гүлжан жалдырай, - Сен баары бир көпкө кармай албайсың.

- Жок-жок, сенден айрылгым келбейт.

- Сен мени кое бер, анан ойлонуп көрөйүн, - Алдамак болду эле ага да болбоду, Гүлжан тагдырына капаланып көргөн түшүн эстеди: "Ошондо Аманат мени менен келгенде мындай болмок эмес, же мен ал барба дегенде эле барбай койсом болмок", - деп ойлонуп ичинен сыздап жатты, он беш күндөй өткөндө эти от менен жалын болуп ооруп калды. Алсырап жатканда дары алып келүү үчүн Салимбай жолду жазгыруу үчүн мүрзө аралап үйүн көздөй жөнөдү. Төштөгү жаңы салган үйүнө бир-эки жыл мал менен жайындасы чыгып, кийин малын бадага кошуп ошол бойдон эч ким барбай калган.

Салимбайдын сакал-муруту өсүп үйүнө кирип келгенин көргөндө Эрке:

- Муну кармап доктурга алып баралы, - деди балдарына, - Минтип жүрсө талаада өлүп калат.

- Ооба, элден уялып бүттүк, баары эле жинди болуп кетиптир деп айтып жатат, - деди үйлөнгөн баласы.

- Ооруп калбаса кантип ушинтсин, - деди Эрке күйөөсүн акшыя карап, аны үйдөн чыгарбай койгондо сөгүнүп, колуна келген буюм менен уруп өкүрүп-бакырганда буту колун байлап шаардагы врачтарга алып кетип калышты, ал ооруканадан нечен жолу качмак болду, бирок качыра коюшпады, ал жерден чындап акылынан айнып:

- Менин жаркыным чыда, мен барып калам, анан экөөбүз бактылуу жашайбыз, - деп сүйлөнө берди, анын сөзүнө бир гана Эрке түшүнүп милицияны ага ээрчитип келди, күйөөсүнүн сөзүнөн улам ал жоголгон Гүлжанды ал билээринен күмөн кылбады. Акыры Эркенин айтуусу боюнча үйүнө алып барып кое беришти да акмалап жүрүп отурушту. Ал бул жолу бирөө көрүп калабы деп кооптонбой эле шашылып төштү көздөй жөнөп үйгө кирип кетти, артынан келгендер анын тепкичтен ылдый кирип кеткенин көргөндө кошо кирип келе жатып:

- Колунда куралы болуп жүрбөсүн? - деди бири.

- Коркпо, эчтекеси жок эле кирбедиби, балким анын акылы жайында эмес, эч ким деле жоктур?

- жаркыным, жаркыным менин, биз эми бактылуу болобуз, - деп сүйлөй баштаганда акырын дабыш чыгарбай келип көргөн көздөрүнө ишене албай калышты. Кирип барып Гүлжандын эстен танып калса дагы кучактап отурган эле, Салимбайга кишен салып, Гүлжанды машина менен ооруканага алып барышты, бир айдын ичинде келиндин түспөлү адамдан башкача боппоз болуп, бет сөөгү оркоюп, териси калып тирүү өлүктөн айрымасы калбай калган эле, Аманат көрүп сай-сөөгү сыздап Салимбайды өлтүргүсү келип турду, аны жиндиканага алып кетип калган болчу, Гүлжанды дароо эле шаарга ооруканага алып барып көрсөткөндө аны адам болуштан калган деп кайра жөнөткөндө жолдон эсине келип эки ооз сөз айта албай кете берди, аттиң дүйнө, Аманаттын баарынан көңүлү калып боздогонун айтпа, адам чыдап тура алгыс болду, бири кем дүйнө ай десеңчи. Эрксизден улуу акын Токтогул атабыздын: "Кайран өмүр жыйырма беш, жигит өлбөс болсочу, жигит менен кыз өлсө, жерге көмбөс болсочу", - деген ыры эсиңе түшөт. Бул тажыяда Айкан дагы болду, анткени жакын курбусунун сиңдилери болот экен, ошентип гүлдөй жайнаган Гүлжанды боздогон эне-атасы, Аманат аргасыз жерге беришти. Көргөндөр айтып жатышты: "Бечара тим эле уктап жаткандай көрүнөт, өлдү дегенге ооз барбайт, ооруканага түшкөндө жүзүн карагандан адам чоочуп калыптыр эле, тиги дүйнөсүн берген экен, күлүмсүрөйт тим эле, мындай өлүктү көргөн эмесмин", - деп бир аял таңгалып жатты... Салимбай ошол бойдон жиндиканада жатып бир күнү: "Мен жаркыныма барам, кармабагыла", - деп качып жатып терезеден учуп өлүптүр. Мугалимдер таңгалып жатышты, себеби Салимбай Рахмановду көп жылдан бери билгендери да бар эле. Бул жашоодо кудайдын гана буйругу менен болоорун пенде билип туруп билмексен болуп ар нерседен көрөт турбайлыбы. Айкан оорусунан сакайып калды, ал бир гана кудайга ишенип, жалынып-жалбарып басса-турса "алла" оозунан түшпөй калды. Демек бул дагы пешенеге жазган жазуу, канча азап тартты, ошонун баарына кайыл болуп балдарынын амандыгын тилеп, бар жогуна кайыл болуп шүгүрчүлүк кылып барына тобо келтирип жатты...

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться