Айгүл ШАРШЕН


"Сыноо"


Мен өмүрдө өз каалаганымдай өмүр сүрөм, эч качан башканын кылтагына илинбейм деп ойлоочу элем, көрсө баары кудайдын буйругунан өтө албайт экен да адам баласы, - деп сапарлашым сөз баштады, - Мен бирөөнүн багып алган жалгыз эрке кызы элем, алар балалуу болбой жүрүшүп мени багып алыптыр...

Нуралы менен Туралы эки бир тууган, Туралы улуусу, Нуралы анын балалуу боло албай жүргөнүнө кейип жүрдү, өзү беш балалуу болуп калган, аялынын дагы боюнда бар, улуусу ондон өтүп калган, эки жаштан балдары, жаш аялмет болуп калса да бакыбат турушат. Туралынын аялы Зууранын согончогу канабаганы менен жакшы аял, Сапийнага абысынындай эмес кайненеси катары карайт, балдары алардын үйүндө эле чоңойду, бирок Нуралы Сапийнага кеңешип эми төрөлө турган баласын бермек болушту да Туралыга айтканда ал бир эсе таңгалып бир эсе эндирей түштү. Бирок Нуралы менен Сапийна болбой эле аларга жаңы төрөлгөн наристени берип совхоздон кой алып жайлоого чыгып кетип калышты, Туралы өзүнчө кубанып көңүлү көтөрүңкү, кыз болсо дагы өздөрүнө жаздырып күбөлүк алганда андан бетер кубанычтары койнуна сыйбай эл чакырып жээнтек берип жетине албай жатышты. Атын Айсалкын коюшту, бешикке салып экөөлөп караганы эле кичинекей кызы, эркелетип Аси дешет, талпынып күлүп калганда кубангандарын айтпа. Зуура жумуш жасап жатканда Туралы көтөрүп турат, сүт бышырып даярдап бири-бирине эш. Нуралы менен Сапийна жайлоодон такыр келбей коюшту, ошондо күзгө таяп калган, экөө дүкөндөн таттуу менен балдарына көйнөк кече алып алышып жайлоого жөнөштү, Айсалкын талпынып күлүп калган. Көтөрүнүп алып ат менен барышканда эсине кирип калган Залкар менен Зайна Айсалкынды көтөрүп колдон түшүрбөй калышты, Сапийна абысыны менен кайнагасынын көңүлүнө кетип калбасын деп көз кырын да салбады. Ыймандуу эмеспи, алардын жүрөгү оорубасын дегени эле, Нуралы дагы ошентти, агасына козу союп коноктор сыйлап кызына улак энчиледи. Туралы бир тууганына ыраазы болуп үйүнө кайтышты, алар кетээри менен Зайна тирмиңдеп апасы менен атасына минтти:

- Ата, Асини эмнеге берип койдуңар, өзүбүз эле бакпайт белек?

- Таш оозуңа! - деди Сапийна кызына ачуулу, - Экинчи минтип айтпай жүр!

- Кызым, сен инилериңе антип айтпай жүр, Аси чоң атаңдын кызы, оозуңдан чыгат экен таарынба, - деди Нуралы дагы.

- Эмнеге алар өздөрү балалуу болушпайт, Асини бербей койбойт белеңер.

- Сага эмне дедим? - Сапийна кызына акшыя карады.

- Бага албай калдыңарбы? - деди өчөшкөндөй Зайна.

- Мен Аси чоңойсо эле менин сиңдимсиң деп айтам! - Зайна жүгүргөн бойдон чыгып кетти. Нуралы менен Сапийна бири-бирин карап отуруп калышты.

- Асини мен жакшы көрөм, - деди Зыпар болпое, - Аны дагы алып келишеби?

- Окуу башталганда чоң атаңдыкына барасыңар да, - деди Нуралы.

- Сарайдан эле барып келип окушат, - деди Сапийна күңкүлдөп.

- Апа, Аси биздин бөбөгүбүз да, эмнеге бердиңер эле? - деди Жайна куру калгансып.

- Аси чоң атаңардын кызы, экинчи айтпагыла дедим го? - Сапийна ачуулу карады, - Бар, эшикке ойногула!

- Макул, - деди Жайна, чоңураактары ойноп кетишти, беш жашар уулу Жапар менен Залкар эч нерсе менен иштери жок эле, алар али эч нерсени элебейт деле.

- Жашабагыр десе, кайдан билет бу, акем менен жеңем укса капаланат го?

- Алар да түшүнөт, бала деген бала эмеспи.

- Бала болбой курсун, Зайна эле айтпаса, беркилери түшүнбөйт деле.

- Окууга сарайдан барса алыс болуп калбас бекен?

- Алыс болбойт, кокус Зайнаң бирдеме деп койсочу, акемдер бизди үйрөткөн экен дебейби, тынч жүрүп окуй берсе го, - деп Сапийна кабак чытый күйөөсүнө карады, - Бекер берген окшойбуз, бир тууган киши бала үчүн жаман-жакшы айтышып калбасак болду, бала немелер жүрөгүн оорутпаса эле...

- Балдарды жибербей койсок акем капа болот го?

- Көрөбүз го, дагы бир ай бар го?

- Мейли, мен Залкарды алып койго барайын, - Нуралы өйдө болду.


- Эми ылдыйлатасың да.

- Ооба, тойгон койлор өздөрү деле ылдыйлай баштайт.

- Мейли, балаңды ээрчитип ал, - деп Сапийна кала берди, ал кеткенден кийин Зайнага отуруп алып баарын түшүндүрдү, жакшы айтып ал эми алардын кызы болоорун айтып анан тим болду. Ошондон баштап алардын үйүндө Айсалкын жөнүндө сөз болбой турган болду, Нуралы жакага түшкөндө агасыныкына май, сүзмө алып барып берип турат, алар кубана тосуп алып кайра балдарга деп таттуу тарапасын салып берип узатат. Убакыт өтө берди, Аси тай-тайлап басып калганда Туралы кызынын тушоосун кестирип эл чакырып тойчук берди. Зууранын жан алы калбай кызына жалынып-жалбарганын көргөн Нуралы менен Сапийна ого бетер ал кызга көңүл бурбай колдоруна да алышпады. Эл тарагандан кийин Зуура аларга карап:

- Сапийна, силер бизди таарынат деп ойлобогула, Асинин кубанычы бизге, аты жөнү силерде эле, ушуга дагы шүгүр, колуңарга алып эркелетип мээримиңерди аябагыла, - деди.

- Ооба Нуке, биз таарынбайбыз, сендей бир тууганым болбосо мага бирөө бир кумалак карматат беле, жашым кырк бешке келди, жеңең кырк экиде, кудайдын ушунусуна шүгүр, келиним экөөңөр бизди баланын Жыпар жытын жыттатып бактылуу кылып отурасыңар, - деди Туралы.

- Аке, койсоңорчу, кыз болсо дагы эрмек болсун.

- Кыз эмес кызыл чүпөрөк бербейт айланайын башка бирөө, - Зуура чын дилинен айтты, ал ушул кезде өзүнүн ичинде түйүлдүк пайда болгонун билбеди, кыргыздын илгертен келе жаткан салтында ырым кылып баланын артынан бала келет дегени бар эмеспи, ырым-жырымдын деле пайдасы тийип калат. ошентип Айсалкын бир жарым жаш болгондо Зуура боюнда бар экенин врачка барып билгенде ишенээр-ишенбесин билбей дел болду, анан дагы жашы өткөндө төрөттүн кандай болоорун билбеген аял коркту: "Мен чын эле төрөймбү, кантип төрөөр экенмин, жыйырма жылдан бери төрөй албай жүрүп эми төрөймбү кудай, бул кандай табышмагың эле, ушунун баары кайним менен абысынымдын чын пейили менен өз баласын бергенинен болсо керек, Асим акжолтой болду, оо кудайым ушунуңа шүгүр, бир тырмактын айынан канча түндү уйкусуз көз жашымды төгүп өткөрбөдүм беле", - деп ойлонуп үйүнө кирди. Өзүн көздөй жүгүрүп көпөлөктөй делбиреген кызына канатын жая берди:

- Ак жолтоюм менин, май көтөнүм, секетиң кетейин секелегим! - Өпкүлөп ыйлап жаткан аялын көргөн Туралы таңгала карады:

- Зукен, сага эмне болду, догдурга көрүндүңбү?

- Ооба көрүндүм, - Зуура күйөөсүнө мөндүрдөй бетин жууган көз жашын аарчууга алы келбей карады, - Көрүндүм атасы, Асим ак жолтой болду!

- Түшүнсөм буйрубасын Зукен.

- Туку, менин боюмда бар экен! - Зуура ый аралаш күлүмсүрөдү.

- Ыя, ким айтты?! - Туралы ордунан тура калды.

- Врач айтты, үй ай болуптур Туку, мен төрөйт экенмин, - Зуура улам колундагы эч нерседен бейкапар өзүнүн бетиндеги жашын быйтыйган колдору менен аарчып:

- Апа, апа, - деп чулдураган наристени өөп коюп сүйлөй берди, - Аси бизге бакыт алып келген ак жолтой, май көтөн кыз болду!

- Болсун, болсун Зукен, ыйлабай отуруп сүйлөчү, - деди Туралы дагы негедир өзүн бактылуу сезе кубанычын жашыра албай, ал ишендиби же ишенбедиби, түшүндөгүдөй болуп эндиреп турган эле.

- Ай кудай ай, үмүт үзүп калганда жаман экен, - Зуура кызын алдына алып отурду, - Өзүм да билбейм, врач айтса эле жиндидей болуп үйгө жөнөдүм.

- Кудай бар экен да Зукен, Аси периште болду ээ? - Туралы анын алдындагы кызды колунан алып өөп-өөп алып анан отура калып көмкөрөсүнөн алдына жаткырып шымын ылдый кылганда Зуура ага таңгала карады:

- Эмне кылып жатасың Туку?

- Көтөнүн майлайм.

- Ошо болчу беле?

- Болот, май көтөн кыз болду кызым, - Туралы дасторкондогу сары майдан алып майлап кайра эңкейип кыздын көтөнүнөн өптү, - Май көтөнүм, куу баш атаңды май баш кылган ак жолтоюм!

- Оо кудайым, - Зуура көзүн жума жакасын кармады, - Аман-эсен ыңаалаган үнүн угузуп колума тийгизе көр, эне болуу бактысына эгедер кылдың, мен дагы көп аялдардай эле өз баламды колума алып, ак сүтүмдү берип чоңойтоюн...

- Зукен, - деди Туралы, - Жүрү, Нукеникине барып аларды дагы кубанталы.

- Макул Туку, макул барып келели, - Зуура шаша түштү, - балдарды дагы биякка жөнөтпөй калышты. Экөө дүкөндөн майда барат алып төштөгү мал сарайды көздөй жөнөштү, мезгил коңур күз эле, жайлоодон келип балдары менен сарайда эле, Нуралы кой кайтарып кеткен, Асини көпөлөктөй кылып кийинтип алышкан, аны Туралы өңөрүп Зуура жанында жөө келе жатат.

- Ээ Зукен.

- Оов.

- Тагдырды карасаң...

- Ооба десең.

- Ойго келбеген иш, түңүлүп калбадык беле.

- Мен дагы түңүлгөнмүн.

- Уул болсо экен эми.

- Туку.

- Ийи.

- Антпечи бай болгур, кыз болсо да өз каныбыздан болгону кандай ырыс.

- Ооба, пендемин да Зукен.

- Ошентсе дагы кесир кылбай бергенине тобо дейли.

- Туура айтасың Зукен, Нукем кандай сүйүнөөр экен? - Туралы кудуңдай карап койду, - Байкушум аябай сүйүнөт го?

- Ооба, экөө тең кубанышат байкуштар.

- Нуку койдо болсо керек.

- Койду карабаса болбойт да, - Алар сарайга жакындаганда Зыпар менен Жапар жүгүрүп тозуп чыкты, Зайна чоңое түшкөнгөбү эшиктин алдында карап турган Жайна болсо Жапарлардын артынан келе жатат:

- Чоң ата-а!

- Чоң апамдар келди!

- Чоң ата, Асини мага бериңизчи ойнотом.

- Айланайындар десе, чоңоюп жатасыңарбы? - Зуура аларды бирден өөп чыкты, - Асини ойноткула, үйгө эмнеге барбай калдыңар ботом?

- Оо баатырлар десе, чоңойдуңарбы? - деп Туралы бакылдай эшиктин алдындагы мамынын жанына токтоду, - Кел балам, Асини ал!

- Аке келгиле, - деп Сапийна чыга калды.

- Келдик балам, Нукем койдобу?

- Жатасыңарбы Сапийна? - Зуура учурашып алар менен үйгө келди, төш тарапта кой кайтарып жүргөн Нуралы дүрбү менен карап ким келе жатканын карап турат, ага-жеңесин көрүп Залкарды каратып коюп өзү түшүп келди: "Эмнеге келишти экен, балдарды дагы кайрылбагыла деп койдук эле, таарынып калыштыбы, жылда топурап эле ошондо жүрүп быйыл барбай калганга оңкулдап жатышса керек", - деп ойлонуп сарайга жете келди, ал киргенде Сапийна аларга чай куюп отурган.

- Келгиле аке, жеңе кандай?

- Жакшы, мал-жан аманбы?

- Шүгүр, мал семиз, кыштан кыйналбай эле чыгат.

- Ошентсин, мал баккан киши бел чечпейт, балдарды жаныңа ала жүр, - деди Туралы, - Нуке, биздин силерге айтчу чоң кубанычыбыз бар! - дегенде Сапийна менен Нуралы бири-бирин карап: "Кандай кубаныч", - дегендей кайра экөөнө бурулушту.

- Болсун аке, кандай кубаныч? - деди анан Нуралы.

- Биз балалуу болот экенбиз!

- Ыя?! - Нуралы менен Сапийна жарыша үн катты.

- Ооба, жеңең кош бойлуу экен.

- Кудай берген го аке, болсун-болсун, - Нуралы кубанганынан көзүнө жаш алып ийди, - Кудай бар экен аке, болсун-болсун, - Башын ийкегилей көз жашын сүрттү.

- Болсун аке, жеңе деги кудай берээрин унутпасын деген ушул да, - Сапийна башка сөз табылбай эле күлүмсүрөй абысынын кучактап өөп калды, - Аман-эсен көзгө көргөзсүн эми.

- Айтканың келсин Сапи, өзүм бир аз ооруп жүрдүм эле, жүрөгүмө аш барбайт, көңүлүм эчтекеге чаппай салмактанып туруп алганынан көрүнсөм эле ойдо жокпу айтып эсти оодарбадыбы, - Зуура дагы ыйлап сүйлөп отурду.

- Кудай берет деген ушул, эртеби кечпи кудайым берет, кой мен акемдердин кубанычын куру тозбой козу болсо да соеюн, ата-арбакка багыштап куран окуп жаңы кошулчу Серек уруусунун бир атуулу үчүн арбактарга жолдоп коелу, - деп Нуралы сыртка чыгып атын минип жайылган койлорун көздөй желдире жөнөдү, Туралы кой десе да болбоду. Ошентип эки бир тууган ата-арбакка куран окутуп, козунун калган этин эки бөлүп агасына жарымын берди. Ошондон кийин баштагыдай эле балдары окуудан тараганча алардыкында болот, Зайна Зуурага жардам берет, Сапийна абысына:

- Төрөгүчө эч кимге айтпай эле кой жеңе, аман-эсен көз жарып алсаңыз анан көрүп биле берет, - деди.

- Ырас айтасың, билгизбей эле коеюн, - деп өзүнө тырмышып чала-була сүйлөп калган Айсалкынды жыттап койду, - Ушул бактыга ак жолтоюм жеткирбедиби, садага болоюн май көтөнүм.

- Эмнеси болсо да аман-эсен жарыкка чыкканча билгизбеңиз, бирөөнүн көзүндө, бирөөнүн сөзүндө бар деп коет го.

- Алтыным десе, сен менин абысыным эмей эле сиңдимдейсиң.

- Мен дагы ошондой сезем жеңе, сиз кайнене-кайнатаны көрдүңүз, мен сиздин колуңузга келбедимби, - Сапийна жылмая карады, - Акем экөөңөрдүн бактылуу болуп жүргөнүңөрдү көрүп өзүбүз эле кубана берчү болдук.

- Ыраазымын, ата-энем, бир тууганым жок болгону менен силер бар бактылуумун.

- Ушу ынтымагыбызды кудай кут кылсын, - Эки абысын чай ичкенче бир топко чейин сүйлөшүп отуруп анан Сапийна сарайга жол тартты: "Байкуш, аман көз жарып алса экен, эти каткан неме кыйналбас бекен, төрөбөй жүрүп төрөгөн четин болот дечү эле, дароо эле элге көрсөтпөй жашырып сарайга алып кетели", - деп ойлонуп бара жатты, Нуралы дагы кубанып агасынын балалуу болушуна тилегин айтып үйдө, кой жайып жүрсө дагы наристесин аман-эсен колуна алып бактылуу болушун каалап жүрөт. Билинбеген убакыт желдей сызып алты ай өтүп кетти, Нуралы эртели кеч айылдан сарайды көздөй келген жолду карап: "Сүйүнчүгө бирөө жарым келип калаар, агамдын балалуу болбой жүргөнүн билгендер сөзсүз келет", - деп ойлонуп бир ирикти кармап отурат. Айткандай эле бир күнү Туралынын коңшусу Берди өзү келди, келгенде дагы тигинден эле бакылдап:

- Ээй Нуралы, агаң Туралы балалуу болду сүйүнчү! - деп атын темине жетип келди, - Барсыңбы Нуралы?!

- Кел-кел Беке, болсун-болсун, - Нуралы келип атын алды, - Кызбы же уулбу Беке?

- Уул экен Нуке, байкуш Туке жашы өткөндө бала көргөнүнө кубанып кызын көтөрүп алып төрөтканада жүрөт.

- Кой Сапийна биз баралы анда, - Нуралы шашып калды, - Нан-пан ооз тий Беке, сүйүнчүңө бир ирик, сүйүнчүгө ким келсе дагы деп белендеп жүрдүм эле, сага буйрук экен.

- Рахмат Нуке, бул кубанычты сенден кой алыш үчүн эмес, сени кубантуу үчүн келдим, башкысы төрөлгөн наристенин өмүрү узун болсо болду, - Берди күлгөн болуп нан ооз тийди, - Коюңду албайм, баласынын боосу бек болсо эле болду.

- Боосу бекем эле болсо экен, - деген Нуралы кийине жөнөдү, Сапийна экөө учкашып алып Берди менен бирге жөнөдү. Алар келгенде Айсалкынды алдына алып Туралы сырттагы отургучта үңкүйүп ыйлап отурган, Берди үйүнө койду таштап коюп кошо келген эле, Нуралы агасынын ыйлап отурганын көрүп чоочуп кетти.

- Аке тынччылыкпы деги?

- Аа-а, - Туралы отурган жеринен тура калды, Сапийна колунан кызды ала койду:

- Аке, эмне болду?

- Жакшы-жакшы, Зукен төрөдү...

- Ой жарыктык, - Нуралы агасын кучактап калды, - Кут болсун, баланын боосу бекем болсун аке.

- Ошентсин-ошентсин, - Туралы жашын колу менен сүртө жылмая карады, - Чынбы төгүнбү деп эле...

- Кой антпе Туке, мына эми сен ата болдуң, - Берди бакылдап кирди, - Чоң киши да ыйлачу беле, кубан андан көрө.

- Ооба-ооба, кубанбай анан.

- Жеңем жакшы элеби? - Сапийна сурады, - Кирелиби?

- Киргизбейт экен, төрткө чейин дейт го?

- Мейли, андан көрө сурап билели, жеңем туруп калса чыгаар, - Нуралы аялын карады, - Биз кирип чыгалычы. Алар кирип келишти, айылда эмне сүйлөшүп эле кирип барышты, акушерка менен санитарка көрүндүк доолап алаарын алган соң наристени көтөрүп келип көрсөтүп кайра алып кетээрде Нуралы аны токтотуп ымыркайды өзү колуна алып өөп Сапийнаны Туралыны чакырып кел деп чыгарды.

- Ал ушу эндиреп жүрүп баласын деле көрө электир, чакырып кел.

- Мейли, ал байкуш кантсин анан, түш көргөндөй болуп жатса керек, - Сапийна шаша чыгып Туралыга барды, - Аке жүр, баланы көрүңүз.

- Ыя, ырас бекен? - деген Туралы ордунан калдактай туруп жөнөдү, ал кирип эле:

- Кана, каякта экен? - деди.

- Мына биякта бас аке, азыр жеңем дагы чыгат, абалы жакшы эле экен.

- Оо кудай, ыраазымын сага, мен дагы бала көрөт экенмин ээ? - деп Сапийнаны ээрчип келе жатып Нуралынын көтөрүп турганын көрүп жете келип колдору калтырай ага сунулду, - Оо жараткан, ушунуңа шүгүр!

- Кана-кана атасы, - Нуралы жылмая баланы ары тартты, - Көрүндүк.

- Аа-а, мына-мына, - Чөнтөгүнөн тырышкан жыйырма беш сомдукту алып чыкты.

- Эми болот, кана уулум атаңа барчы, - деп күлүп баланы карматты, - Кабелтең жигит болчудай ээ аке?

- Эмнеси болсо дагы көзгө көрүндү болду, түшүмбү деп чоочуп турам, - деген Туралы баланы олдоксон алып саамга карап туруп болбураган жүзүнө тигиле чекесинен өөп, - Асинин эле өзү болуп калыптыр, - дегенде Сапийна күйөөсүнө карады:

- Эжесине окшошпой коймок беле, кантсе дагы бир туугандар эмеспи, - деди Нуралы күлүп.

- Ооба-ооба, сенин балдарың менен менин балам деле бир туугандар да, - деп Туралы баласын кубана карап турганда ичин басып Зуура келди, аны Сапийна кучактап өөп аман-эсен төрөп алганы үчүн куттуктап Нуралы экөө ал-абалын сурап жатты.

- Жеңе, кыйналбай эле бошонуп алдыңбы?

- Жакшы элесиңби жеңе, уулуңдун боосу бекем болсун.

- Кудайга шүгүр, тиги кантет? - деп күйөөсүн күлүмсүрөй карады.

- Ой Зукен, кандай акыбалың жакшыбы? - Туралы тура калып аялына жакын келди, - Уулум Аси кызымдын эле өзү болуптур го?

- Эжеси да, - Зуура күлүңдөй карады.

- Жеңе, шашып эле тамак-самак алып келбей калдым, коркуп эле жөнөй берипмин, - деп Сапийна абысынына актанып жатты.

- Эчтеке эмес, күн бар го дагы эле, аман-эсен көз жарып алганым эле мөрөй болбодубу, кубанычтан чалым экөөбүз эсибизди жоготуп ала жаздадык го, - Зуура күлүп алды.

- Ооба десең, - Сапийна абысынын кучактай бетинен өптү, - Кудайга шүгүр жеңе, минтип өзүң дагы, балабыз дагы аман, ушундан башка эмне кереги бар?

- Ошону айтсаң.

- Бала үшүп калат, - деп акушерка келип баланы алып жөнөмөк болду.

- Карындашым, бул балага атасынын берген көрүндүгү, - деп Нуралы ага жыйырма беш сомду сунду.

- Тим эле коюңуз жана алдым го? - Күлүп калды:

- Ал менин бергеним, бул өз атасыныкы, - Нуралы күлүп анын чөнтөгүнө салып койду.

- Рахмат, балаңардын боосу бек, ыймандуу бала болсун, - деп күлүп басып кетти.

- Айтканың келсин карындашым, силер дагы далай балдарга киндик эне болуп жүрө бергиле.

- Рахмат.

- Эми биз кетели жеңе, акем биз менен эле кетет, Аси экөө үйдө кыйналбасын, - деди Сапийна.

- Кечке келип кетебиз, өзүңө да, балага да жакшы кара жеңе, - деди Нуралы.

- Мейли, мен үйгө барганча чалым менен кызымды силерге тапшырдым.

- Зукен, жакшы жат ээ? - деди Туралы ага карап, - Силерди күтөбүз.

- Мейли, - Зуура аларды узата жылмайып туруп анан палатасына кирип жатып алып терең дем алып алды. Ал азыр абдан бактылуу эле, анын көзүнө эмнелер гана көрүнбөсүн баары кооз сүйкүмдүү эле, кай жакты карабасын аны жылмая карап куттуктап жаткандай туюлат. Эне деген наамды аялзатына бир гана алла таала берет эмеспи, андай наамдан канчалаган аялдар куру калып өмүр бою көз жашын төгүп кудайга нааразы болуп өтүшөт. Туралы экөө баш кошкондон бери канча жылдар бою ыйлаган күндөрү болбодубу, отуруп-туруп: "Эмнемден жаздым деги, бир эле бала берип койчу", - деп ыйлап жүрүп кийин үмүтү үзүлгөндө Туралыга ажырашалы деп дагы жүрдү, ал такыр болбоду, кийин Нуралы балалуу болгондо кубанганынан өзү төрөгөндөй этеги элеп, жеңи желек болуп өзү каралашып жүрдү, ошондо ал бир аз алаксып калган, анткени анын балдары чоң апалап этектеп өзүнө өтө жакын болуп кайда барса ээрчитип алчу. Бир тойго барып Залкарды ээрчитип жанына отургузуп өзүнүн устуканын бергенде бир аял:

- Ай Зуура, өз балаңдан бетер талтаңдатасың да капырай, көрөм угулар кийин сени ардактап караганын, - деди эле бир бозоруп, бир кызарган Зуура аны карап туруп:

- Сен эмне деп жатасың Сейде, сен тууп жыргадыңбы, балдарың жалгыз таштап коюп карабай кетти деп угам, кудай бирөөнө өз баладан айтпаса бирөөнө баккан баладан айтат имиш, кудайым бала бербесе да ушулардан айтаар, тууп сен жыргап жатасыңбы? - деди эле отурган аялдар аны коштоп кетти:

- Зуура туура айтат, тиги Салия байкуш деле үйүнө таштап кеткен эле баладан көрүп балпайып неберелерин багып отурбайбы.

- Ооба десең, Зуура өзү жакшы аял да, өзүнө жараша абысыны жакшы чыкты:

- Капырай, сенин үч балаң жадагалса балдарын жибербейт, ырас айтат Зуура, тууган баладан айтпаса туубагандан айтып коер.

- Сейде, бирөөнүн кемчилигин чукугандан мурун өзүңө сын берип анан сүйлөсөң боло, - дешип жаалап калышты, Сейде таш тиштегендей эле кызарып отуруп калган эле, ушуларды ойлогон Зуура: "Кудайым, ушунуңа миң мертебе ыраазымын, уулумдун өмүрүн узун, ыймандуу адам кыла гөр, атасы экөөбүзгө мээримдүү болсун, акыл-эс бер, баарынан ыймандуу болсун", - деп тиленип уйкуга кетти. Туралыны сарайга алып кетишти, Аси чулдурап жаны тынбайт, азыр деле Сапийна ага үйрүлө карабайт, кайдыгер карап кийимин которуп, кардын тойгузуп койсо балдары жетелеп жүрө берет. Нуралы кой союп төрөтканага чоң чарага палоо басып Сапийна экөө алып келип палатадагыларга өзүнчө, врачтарга ичимдиги менен бирге алып келип берип анан Зуураны чыгарып кетишти. Айылдагылардын оозун ким тыя алат, ар кимиси ар сөздү айтып тамшанып да жатышты.

- Байкуш, тиги Туралынын аялы эркек төрөптүр.

- Ооба, кудай берээрин унутпасын деген ошо да.

- Баягы жылы Сейдени сүйлөтпөй койгон, Зуура өзү дагы мыктай катын да, Туралыны баласындай карайт дейт.

- Төрөбөгөн аял эрин ошентет да.

- Эми минтип кудай берип койду, экөө тең кудайы момун немелер да.

- Иниси экөө тим эле ынтымактуу дагы.

- Экөө эле болсо кантмек эле, байкуш инисинин кызын багып артынан балалуу болгонун карабайсыңбы, - дешип тамшанып, таңгалып да жатышты. Туралыларды үйүнө алып келишип ырымдап молдо чакырып азан чакырып Табылды деп ат коюшту, Сапийна бир жумадай карап, баласын жуунтуп, ороп чулгап Зуурага ысык тамак жасап берип карап жатты. Жети күндөн кийин Туралы өзү кой союп туугандарын чакырып жээнтек беришти, коңшу колоңу болуп чогулуп келип наристеге узун өмүр, бак-таалай каалап бата берип кетишти. Алар кеткенден кийин Нуралы бакылдап жакын тууганы Сейитбекти, Букаректи алып калып агасынын уулун жууп берип отурду.

- Мен өзүм балалуу болгондо дагы мынчалык кубанган эмесмин, Тукем балалуу болоорун укканда кандай кубанганымды өзүм дагы билбейм, - деди күлүп.

- Кубанбай анан, боюнда бар экен дегенди укканда биз да аябай кубанбадыкпы.

- Ананчы, Тукем менен жеңем кудай бере турган кишилер да, эми Табыштын урмат сыйын көрүшсүн, өмүрү узун, ыймандуу ырыс-кешиктүү балдардан болсун.

- Айтканыңар келсин, - деп Нуралы арактан куюп сунду, - Тукем менен жеңем ушул жамандын жакшылыгын көрүп, урмат сыйын көрүшүп аман жүрүшсүн.

- Аман болушсун эми, баланын бактысы ата-эне, эне-атанын бактысы бала да, эми Тукемдер Аси менен Табылдынын урматын көрүшсүн, ээ Туке? - деди Садык.

- Айтканыңар келсин, кудай тилегиңерди берсин.

- Кудайым жакшы сөздү да жаман сөздү да кабылдайт имиш, ошондо таразалап туруп анан өзү чечет дешет, жеңем менен Тукем өзү кудай бере турган кишилер, - деп Сейитбек бакылдады, көпкө отуруп анан кетишти, көрүндүк менен баланын кийими бир далай чогулуптур, бечара Зуура айыл коңшусуна, туугандарына колунан келгенин көтөрүп бара берчү, ошондо ойлобоптур минтип кайра келет деп ойлогон эмес эле. Айсалкынды алып бакканда деле бир топ түшкөн, мынчалык болгон эмес. Көрсө адам баласы деле алакчы болот тура, баккан бала менен өз баланы бөлгөнүн билди: "Ээ кудайым ушунуңа шүгүр, мен Асимди бөлбөй калайын, пенделериме дагы шүгүр, мени сүйүп уулумду көрүп койгондоруна, чалым экөөбүз деле багып алабыз, бул жөн гана сый тура, уулумдун жаны бек кийими морт болсун, ылайым атасы экөөбүздү жер каратпаган ыймандуу болсо болду, өмүр бере гөр", - деп күбүрөнүп ууз жыттанган ууртунан өөп коюп тигиле карап отурганда Туралы кирди.

- Уулум эмне дейт апасы, Аси уктадыбы?

- Ооба, Аситай уктады, Табышым уктай элек.

- Айла-анайын десе, атасы менен сүйлөшкүсү келип жаткан го? - Күлүп Зууранын жанына келип отурду, - Кана-кана жамантайды берчи мага.

- Ала гой атасы, - Зуура бактылуу жылмая баланы берди, - Этият бол, башы токтой элек.

- Уулум урматым, кызым кымбатым деп эжеси экөө аман чоңоюп алса ээрчишип ойношот, ушуга шүгүр, - деп ууртунан жыттап-жыттап койду.

- Садагаларым десе, аман болушсунчу.

- Зукен, өзүң деле ууз жыттанып калыпсың да? - Туралы аялын култуңдай карады.

- Туку, кудайым бар экен, бизге эл катары бакыт тартуулады, бир айтканыбыз бар экен, минтип баланын жытын жыттап отурабыз.

- Сени айтам, ууз жыттанасың.

- Койчу эми, - Зуура наздана карады, - Жаш төрөгөн аял ууз жыттанат да.

- Байбиче, уул сыйлаганыңа ыраазымын, - Жанына отуруп кучактап жаагынан сылай өөп башын жөлөдү.

- Койчу Туку, бала болуп кетпей...

- Экөөбүз жанашпасак кайдан мына бул жаман пайда болот? - Күлүп кучагына алды, - Эми ушуларга экөөлөп жакшы тарбия берели ээ?

- Ананчы, Асини күйөөгө берип, Табышты үйлөнтүп бирге жакшылыгын көрөлү.

- Ээ Зукен.

- Ийи.

- Мен бир ой ойлоп турам.

- Кандай ой?

- Асини өз ата-энесине берип койбойлубу?

- Эмнеге? - Зуура күйөөсүн жаңы көрүп тургандай карап калды.

- Өздөрүндө болсобу дейм да.

- Жо-ок Туку, мен Асини бербейм, ал менин жаным менен бирге, уулумду ээрчитип келген акжолтоюмду бербей калайын, кийин чоңойгондо айтып түшүндүрөмүн, ала кушту атынан айт дегендей өз ата-энесин таанып билип өсө турган болот, - деди Зуура ойлуу.

- Мейли алтыным, эми бере салсак эсине кире электе өздөрүнө көнүп калабы дейм да.

- Биздин үйдөн деле таанып чоңоет.

- Макул, сен айткандай эле болсун, кыз бала эки анжы болуп калбасын деп жатпайынбы.

- Эки анжы кылбайбыз атасы, Асим акыл-эстүү кыз болот.

- Болду-болду, ууз жыттанган жытыңдан искеп алайынчы.

- Бала болуп кетпечи, - Наздана жылмайды.

- Бала дагы болгонбуз, жаш дагы болгонбуз байбиче, ошол күндөргө кайрылып бир баргым келип турат, мына бул жаманды көрүп жашарып калдым шекилдүү, жыйырма бештеги кез эске түштү, - Туралы аялын төшөгүнө жыгып уйпалап кирди:

- Туку, сен ансыз деле жаш кездегидейсиң, - Кытылдап күлүп өзүн бош койду, - Кыркы чыкмайынча болбойт, билесиңби чал? - деди өзү дагы анын өсүп кеткен сакал-мурутун сыйпалай, - Кырып алчы.

- Эртең жуунуп алам.

- Ошент, болбосо балаң экөөбүз карабай коебуз.

- Алтыным десе, силерге жагуу үчүн не кылсам экен? - Күлүп көкүрөгүн аймалап жатты, бул ынтымактуу үй-бүлө эле, Туралы менен Зуура сүйлөшүп баш кошушкан, Зуура эгиздин түгөйү эле, апасы төрөөрү менен көз жумуп түгөйү үч күндөн кийин чарчап калып таенеси ыйлап-сыктап багып алат, атасы аялынын кыркы өткөндөн кийин бир басып келбептир. Таенеси дагы жалгыз кыз менен эринен жаш калган аял эле, карып калган кези экен, Зуурага атасынын дарегин, эли жерин чоңойгондо айтып берген, ал жетимиш төртүндө каза болуп ушу Зууранын төрөбөй жүргөнүнө кейип жүрүп өттү. Зуура атасын бир издеп барды, жакын тууганы жок экен, өзүнүн көзү өтүп кетиптир, ошентип баарынан үмүт үзүп Туралыны эш тутуп, тууганы да, кайын журту да, төркүнү дагы Нуралы менен Туралы болуп жашап калган. Эми гана бул дүйнөнүн кызыгы алдына жайыл дасторкон болуп арманы, өкүнүч таарынычы жазылып жашоого жаңыдан келген наристедей жүрөгүнө кубанычтын гүлү өнүп турган кез. Айсалкын чоңойгон сайын башкача зирек болуп бара жатты. Көздөрү да бакырайып, кирпиги узун, бөйтөйүп ооздору кыпкызыл эндик сыйпагандай, каштары эмитен чийгендей иймейип жаңы чыккан айдай капкара. Зуура аны көргөн сайын жалынып-жалбарып турат, Туралы андан бетер көзүнүн карегиндей карап турат, Табылды күлүшүп талпынган сайын ага кош канат куштай делбиреп турушат. Айсалкын сүйлөп калган.

- Ата, апа бөбөгүм менен ойноймбу? - деп чулдурап балапандай күлүп оозун ачкан наристенин жанына келип колдорун кармалай чоп эттире өөп алды.

- Садагаң кетейин десе, бөбөгүң басып алса жетелейсиң ээ?

- Ооба да, - Кичинекей кашын серпе оозун бөйтөйтүп таңдайын такылдатып койду.

- Кызым сулуу кыз да, - Туралы көпөлөктөй кызды колуна ала көкөлөтүп эркелетип жатты, - Иниңди ойнотпой анан, кудайым сени жалгыз кылбай ушу жаманды бербедиби эрмектерим.

- Карасаң Туку, экөөнү башка-башка эне төрөгөндөй эмес, тим эле бири-бирине коендой окшош, бири кыз, бири уул болгону эле болбосо.

- Секеттерим десе, экөө окшош болбой анан, биз Нукем экөөбүз бир ата бир энеден болсок кантип окшош болбогондо кантмек эле, - Кыт-кыт күлө уул-кызын өпкүлөп бактылуу болуп турду.

- Садагаларым окшошкон.

- Секеттерим десе, - Эрди аял алмак-салмак жалынып-жалбарып бактылуу болуп турушту. Нуралынын балдары удаа-удаа чоңоюп келе жаткан эле, кызы Зайна дагы бой тарта баштаган, күзгүгө таранып боюна каранып калган, жетинчи класста окуйт, Залкар тогузунчуда окуйт, Зыпар бешинчиде, Жайна үчүнчүдө, Жапар биринчи класска барды. Залкар боор көтөрө кыздарга кат жазып үйгө сабактан кеч келип анан кой издөөгө жөнөйт, биринин артынан бири бой тартып бара жаткан балдарын көргөн сайын ата-энеси оюу онго бөлүнгөн убак, колунда деле бар, бирок ар баласынын кыял жоругу ар башка болуп толгонтот. Эне эмеспи Сапийна кыздарына эмитен оймо чийме салып шырдак ала кийиз жасатып, жүн тытып, ийик ийрип жээк жасап, сайма сайып туш туурдук жасап жаны калбайт. Нуралы мал көбөйтүп, совхоздун малынан бөлүп Туралыга бактырып жайкысын жайлоого өзү алып кетет. Дал ушул учурда Совет өкмөтүнүн "падышасы" Брежнев дүйнөдөн кайтып он алты республиканын эси эңгиреп анын ордуна татыктуу табылбай турган кез эле. Зайна ошол кезде жигит жандап калганда Залкардан тартынып айла жок эптеп үйүнө келип апасына жардам берип эки көзү төмөндө болуп турат. Залкар андан бетер кечинде айылга кетип түн ичинде келип жатып калып таң эрте туруп сабагына жөнөгөн жаштык курагы кандай сонун. Калгандары эчтекеден капарсыз окууга барып келет, тапшырмасын аткарат, ата-энесине жардам берет, тилдесе ыйлап тим болот, карды ток кийими бүтүн болсо жүрө беришет. Ошентип ошол жылы Зайнаны сегизди бүтөөрү менен жигити ала качып кетти, баш аламан заманда анын жашынын жеткен жетпегени менен иши жок эле чыккан кыз чийден тышкары дегендей барган жери дурус экен дароо эле ачуу басар менен тай жеткирип салышып кулдук уруп келип алдына келгенде Нуралы менен Сапийна эмне дээрин билбей калышты, дароо эле Туралы менен Зуураны алдырып алардан акыл сураганда:

- Кыз жаш, алып келгендериңди алып кетип кызды алып келип койгула! - деп Туралы ачууланды.

- Ооба, кыз мектепти бүтө элек, азыр кыз бере албайбыз, - деди Зуура дагы.

- Кудалар, кыз менен бала сүйлөшүп жүргөн экен, кыз өзү жиберди, - Бири далбастай түштү.

- Ар кимиңер арбап жатсаңар жаш кыз кантмек эле, ал азыр турмушту түшүнө элек, сыйыңар менен эле алып келип койгула! - деди Туралы кызуулана, - Мен силерге милиция алып барсам ошондо көрөсүңөр, мен кызымды бере албайм!

- Кой куда, анда кызга жолугуп келчү жеңеси же сиңдиси болсо жибериңиз.

- Жибере албайбыз.

- Куда, алдыңызга башыбыз тартуу!

- Адамдан тартуу кабыл алмак турсун мал албай жатканда кандай түшүнбөйсүңөр? - Туралы аркы-терки басты, кудалар тайын кармап турушат, бир кезде Сейитбек менен Уулбү келип калды, аларды Нуралы балдарынан чакырткан эле.

- Келгиле, келгиле бу кандай иш болуп кетти? - деди ал.

- Кызды уурдап кетип эми минтип келишиптир, - деди Туралы керсейе.

- Эмне дейт, Зайнаны алып кетиптирби? - деди Уулбү.

- Ооба, мектепти бүтө элек кызды уялбай кантип алып кетти кокуй, жаш кыз турмушту түшүнмөк беле?

- Ошону айтып жатабыз да, жашы жеткен кыз болсо биз дагы салт билебиз, кыздын бараар жери күйөө дегендей тосуп албайлыбы.

- Кой анда, мен Зиректи жөнөтөйүн, - деди Уулбү, - Чын бышыгын билели, өзү барбайт эле, жаш кызды көтөрө качышкан го.

- Ошентиңиз айланайын кудагый, - деп келген кудалардын бири кубанып кетти, - Кыз менен бала сүйлөшүп жүрүптүр.

- Сүйлөшүп жүрүшүптүр деп эле көтөрө качкан кантип болсун? - Сапийна эми гана өзүнө келгендей ыйлактай карады, - Мен өз көзүм менен көрүп, өз оозунан укмайынча эч кимге ишенбейм! - деп Уулбүгө кайрылды, - жеңе жүрү, убакытты өткөрбөй өзүбүз эле барып алып келебиз.

- Мейли, Темирди унаасы менен ээрчитип алалы.

- Жолдон түшүп алабыз, - деген Сапийна өзү чечкиндүүлүк кыла жөнөдү, алар Темирдин унаасына отуруп алып тигилер малын кайра жүктөп алып келип калышты, тууган уругу көп немеби же коңшу колоңун жыйып алганбы, эшигинин алды казганактаган эл экен, Сапийна менен Уулбү түшүп эле кызга жолукмак болду эле аны ээрчитип келип отурган бөлмөгө киргизди:

- Зайна! - Эне жетип эле кучактап калды, жаштыгыбы же өзү сүйлөшүп жүрүп көңүлүнө жаккангабы ыйлаган түрү жок, энесин карап:

- Апа, эмне болду? - деди.

- Кызым, сени алып качыштыбы?

- Апа, мен өзүм сүйлөшүп келдим.

- Эмне дейт? - Сапийна кызынын ачык кабагын көрүп кызыктай боло түштү, - Эмитен сага эрге тийип кереги эмне кокуй?!

- Апа-а, мен Эмилди сүйө-өм! - Зайна эркелей карады.

- Кийин ыйлап барчу болбо, өкүнбөс бекенсиң кызым? - Сапийнанын эне жүрөгү зырп эте кызын карап өзүнүн келген күнүн эстеди, ал өзүнө караштуу бирөө көзүнөн учуп, ыйлап жанына эч кимди жолотпой жатканда жеңеси келип калды эле аябай чаң салган. Көзүн бардап-бардап алды, - Турмуш оюнчук эмес балам, сен али жашсың, он алтыга дагы толо элексиң.

- Апа, мен өкүнбөйм, атама айтыңыз, мага капа болбосун.

- Мейли, бактылуу бол кызым, - Сапийна кызын бекем кучактап өөп коюп дароо чыкты, кудалардын тосконуна, чай-пай ич дегенине дагы болбоду, Уулбү экөө Темир менен кайра үйүнө келишти, Нуралы аны карады, Туралы менен Зуура дагы андан кандай сөз чыгат дегендей үн катпай кулак түрүүдө, бир топко чейин телмирип отуруп калды:

- Ой бирдеме дебейсиңби? - деди Нуралы.

- Кызың сүйлөшүп келдим дейт, - деген Сапийна буулуга буркурап ийсе болобу, - Аның күйөөгө тийгенге макул экен!

- Ошондой экен да... - Нуралы башын жерге салып отуруп калды.

- Эми болоор иш болуптур Сапи, - деди Зуура, - Кудай Зайнашка барган жеринен бак айтсын, өзү ыраазы кудай ыраазы деген бар го?

- Ооба жеңе, бармактай кызым өзүм келдим деп жатса айтаар сөзүм барбы?

- Эмесе кызым бактылуу болсун, - деди Туралы, - Эч кимиси жоктой кылбай кимдер барат чогулт Нуке.

- Ошентпесек болбойт, - деди Нуралы айласы түгөнгөндөй, - Бул жерде төртөөңөр турасыңар, Темир менен бешөө, тиги Насипа эжемди алгыла, Батыркан акени да кошкула, - деп оозун жыйгыча эшиктин алдында чоң машина келип токтогондой болду, бири-бирин карап калышты.

- Ачуу басарды кайра алып келишти окшойт, эми кабыл албасак уят, - деди Туралы инисине карап.

- Ооба, антпесе кантип болсун, - дегиче эшикти ачып:

- Кулдугубуз бар кудалар, кол куушуруп алдыңарга келдик! - деп жанагы келген жигит колун бооруна ала жылмая карады.

- Кулдугуңар кудайга, киргиле кудалар! - деп Туралы менен Сейитбек тура калышып утурлады, Сапийна төргө көлдөлөң төшөй баштады, Зуура баласын жаткырып коюп дасторконун жайын кирди, Нуралы конокторду үйгө баштап кирсе, Сейитбек тайды мамыга байлап анан киришти. Ал күнү кудаларын коноктоп жөнөтөөрдө канча киши бараарын сурашты эле он киши бараарын айтып узатты. Кечки саат жетилерде эки машина менен кыз кууп барышты эле кудасы Сартпай болбой өз унаасын жөнөтүп Нуралы менен Сапийнаны алдырып алды, кудаларын сыйлап анан кийиттерин адемилеп кийгизген Сартпай алдына беш миң рубль койду. Ошентип кыз жаманы кыроо деп илгеркилер айткандай жаңы жааган кар күн жылт этсе кеткен кеткен сымал Зайна кечээ гана секелек кыз эле, эшик аттап келин болуп калды. Ойноок эркелеген жазгы жел сымао секелек кыз турмуш көчүнүн жашоо деген арабасына түшүп өмүр жолунун алгачкы барактарын ачууга киришти. Сапийна эртелеп көзү ачыктай даярдап койгонуна кубанып бир жумага жетпей көшөгөсүнө кошуп жетим себин жеткирди. Сандыгына шуру мончок менен колго түйгөн бет аарчы, күзгү, тарак кошуп Жайна кошо бары келди. Бир чоң жүктөн кутулгандай эс ала түшкөнү менен кызынын күйөөгө өтө жаш чыкканына ичи тыз этип алат. Зуура Зайнага өзү жасаган шырдак ала кийизин берди, бул турмушта күтпөгөн нерселер болуп кеткендей эле Нуралы менен Сапийна маң болуп отуруп калышты. Кайдан ойломок эле, ошол көчөт кызын эрге тийе качат деп, бирок барган жери жакшы, күйөө баласы өзүнө теңдүү керилген жигит экенин көргөндө ата-эненин көңүлү тына түшкөн. Эмил аскерден жаңы келип эле Зайна менен жолугуп сүйүп калды, ошентип эки жаштын арзуусу бири-биринен ажырагыс кылган эле. Залкар бир күнү ата-энеси болуп чогуу отурганда:

- Ата, кыздар күйөөгө тийсе боло берет турбайбы ээ? - деди күлүп.

- Эмне болду, сенин дагы үйлөнгүң келип жатабы? - Нуралы уулун сынай карап калды.

- Жо-ок, - Залкар кызара ылдый карады.

- Түшүндүм балам, сенин оюңду...

- Түшүнгөндө эмне кылмак элең, сен аскерге барып келсең анан үйлөнөсүң да, - деди Сапийна.

- Ооба, мен эмне деп жатам анан? - Залкар тултуя сыртка чыгып кетти.

- Тобо-о, - деп алды Сапийна, - Акыр замандын балдарын кара, бешиктен бели чыкпай жатып кыздары сүйүп калдым деп эрге тийсе эркектери катын алам дегенин кантесиң.

- Тим кой байбиче, азыр булар ошондой куракта да.

- Курагы менен курусун, биз күйөөгө тиесиң да деп койсо уялчубуз, - Сапийна күйөөсүнө карады, - Ой баягы күнү кызымды көзүнүн жашын көл кылып отурат го деп сары санаа болуп барсам мени тастаңдап тосуп алып мен Эмилди сүйөм, өзүм макул болуп келдим деп жатпайбы.

- Болоор иш болду го байбиче, кызыбызга кудай өмүр жаш, бак-таалай берсин эми.

- Бактылуу болсун го, көрүп таңгалганымды айтпа.

- Эмил деле жаш экен, турмушту түшүнүп кетишет.

- Ата-энеси деле жакшы адамдар тура.

- Оо-оо абдан жакшы адамдар экен байбиче, убакыт учкан куш деп бекеринен айтпаган экен, - Нуралы жылмайып алды, - Кечээ эле экөөбүз деле жапжаш элек турмушту түшүнбөгөн, минтип балдарыбыз бой жетип калыптыр, кудайга миң мертебе рахмат, ата-энем өлгөндө бир жаман болдум, бойго жетип калсам дагы жетимсиредим, Тукем мага алардын жоктугун билгизбей канат-кубат болду, ошондо бир кудайга ыраазы болгонум бар, - Оор күрсүнүп алды, - Өзүм жалгыз болбой бир тууганым бар экенине кубанып жүрдүм.

- Акеме дагы жакшы аял жолуккан экен да, жаңы келгенде кайненемдей эле болбодубу байкуш.

- Жеңем жакшы аял.

- Нуке.

- Ийи.

- Залкарга өзүбүз эле таппайлыбы?

- Эмнени?

- Эмнени дейт да, келин болчу кызды.

- Ошого болобу балаң?

- Эмнеге болбойт, болот эле.

- Адегенде сурап көрчү.

- Сурап билели ээ?

- Ошент, кыйыткандын ар жагында бирдеме бар байбиче.

- Ким билсин? - Сапийна ийин куушурду.

- Сүйлөшүп жүрүп эле сен келгенде аябай ыйлабадың беле? - Нуралы аялына күлө карады, - Мен дагы ойлопмун кетип калабы деп.

- Ошол кезде ошондой болсо керек, сага көңүлүм бар болсо деле чоочун үйгө келгенде коркконумду айтпа, эми бүгүн өз кызымды көрүп эсим ооду, - Сапийна дагы күлүп калды, - Оюма келсечи аны антет деп.

- Мейли, алтын кызым аман жүрүп бактылуу эле болсун.

- Бак айтсынчы, жөн эле ичим ачышып кетип жатпайбы.

- Мен деле улам эсиме кылт этип түшө калса ошентип жатам.

- Апа, Залкар акемди көрдүм! - деген Зыпар кирди эдиреңдеп.

- Каяктан?

- Көчөдөн, бир кыз менен турат.

- Кайсы кыз экен?

- Тааныбай калдым, Залкар акем мени кубалап ийбедиби, - Зыпар мурдун шыр тарта бутун чечип сумкасын койду.

- Качан кетип калды ал? - Сапийна күйөөсүнө суроолуу тигилди.

- Кеткендир да, - Нуралы култуңдай карады, - Мен деле сага жолугуу үчүн күнбү же түнбү убакытты тапчу элем го?

- Эми ал кез башка эле да, - Сапийна дагы өзүнчө жылмайып өткөн кезден бир үзүм көз алдына келе калгандай тунжурай калды.

- Кимдин кызы болду экен? - Нуралы анын оюн бузду.

- Ким билет?

- Чын эле, балаңа кыз жагып калган го?

- Эмнеси болсо дагы энеси жакшы болсун.

- Эмнеге? - Нуралы түшүнбөй калды.

- Кыздын энеси жакшы болсо келиниң жакшы болот.

- Ырас эле...

- Кудай буйруса үч келин аласың Нуке, кыздар го бирөөнүн бүлөсү.

- Кудайдан жакшы болушун тилейли байбиче.

- Ошол эле да, - Сапийна унчукпай калды, андан кийин кечки тамагына отурушту, негизи балдары ынтымактуу дагы болпоюп жоош, бири-бири менен чукулдашпай өз-өз ордуна отуруп калышат, бири-биринен сурап сабак даярдашат, улуусу кичүүсүнө түшүндүрүп берет, кыскасы ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей бул үй-бүлөө адам суктанчу бүлөө. Нуралы менен Сапийна он-он жети жылдап жашап келе жатса дагы бири-бирине өйдө караган эмес. Ошол убакта совхоздун жетекчилери келип мал санак жүрүп жаткан, эртеси түш оой келип калды, Нуралы койлорун айдап келип короодо камап турган:

- Оо Нуке кандай, мал-жан аманбы? - деп зоотехник Болот кош колдоп учурашты, - Кана, өзүң эле айт, санайлыбы же такпы?

- Тагы-ы так, бирок санаганыңар дурус болоор.

- Эми сен ишеничтүү жигитсиң да, - Болот кыйшаңдай каткырды, Нуралы анын сырын жакшы билчү, мындайда ага сөзсүз бир койду союп арак-шарабын алдына коюп койсо ыраазы болот, Нуралы дароо эле түшүндү да Залкарды чакырып бир нерсе деди эле ал апасына жүгүрүп барып анан бир козуну союп баштады, ал күнү Нуралынын сыйын көрүшүп кызынын турмушка чыкканын угушуп ага жакшы тилектерин айтып бакылдап отуруп анан кетишти, ал учурда Совет өкмөтү жакшы атасынан айрылып улам бирөө келип кетип отуруп акыры Горбачев башына келип калган, заман олку-солку болуп турган кез, малды жакшы текшерилбей эле: "Мал бөлүнөт экен", - деп бири айтса: "Ой малды бөлгөндө кийин укум-тукумуна чейин карыз болуп калат дейт", - дешип ар ким ар сөздү айтып эл дүргүп турган учур. Нуралы малын тактап, өзүнө тиешелүүсүн агасыныкына алып барып коюп күтүп калды, Залкар мектепти бүтүп мал карашып жүрдү, ошол кезде аскерге дагы чакыруу токтоп баш аламан чалкеш убак болуп турган эле, Нуралы совхоздон элүү кой, эки уй алып, жашаган сарайын приватташтырып алды. Туралыга жыйырма кой, бир уй бир жылкы тийди, өзүндө дагы бир топ малы бар эле, баарын Нуралы багат, ошол жылы Зайна уулдуу болуп бешик той берди, андан соң себин алып барып келишти, Залкар үйлөнөм дегенде бирге отуруп ортого алышты:

- Кана, кызың кимдин кызы балам? - деди Нуралы.

- Ата, Сатыбектин кызы, - Залкар жер карады.

- Ээ кокуй, тигил Сатыбектинби? - деп Сапийна бетин чымчый уулуна карады, ал алкаш Сатыбекпи деп ийе жаздаган эле.

- Балам, Сатыбек менен биз кантип куда болобуз? - деди Нуралы.

- Эмне болот эле, Сырга мага жагат, жакшы кыз, - Залкар күңкүлдөдү.

- Ай бала, анын энеси дагы эри менен кошо ээрчип ичет, - деди Зуура, - Садага болоюн десе, элге бизди шерменде кылба, кызы деле нары тур деп укканмын.

- Ошону айтсаң, энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт дейт балам, - Сапийна Залкарды мээримин төгө жылмая карады, - Ал кыз жакшы болсо дагы бир жөн эле.

- Сырга жакшы эле кыз апа, - Залкар үңкүйө карады.

- Кыз экенинде баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат деген балам, - деди Зуура, - Алганың жакшы чыкпаса мырза жигит кор болот, айткан бир сөзү кем болот, алганы жакшы эркектин жаман эрди хан кылат дейт, үйлөнүү оңой оюн эмес, түбөлүк өзүң үчүн алганыңдын жакшы болушу, жаман аял эл ичинде басынтат, кем кылып баш көтөрүп жүрө албай каласың балам.

- Балам, - деди Нуралы, - Ойлонуп иш кыл, келин алуу башка баш кошулуу, абийир намыс үчүн эл алдына дос душманды чакырып кубанычын бөлүшүү, атам замандан бери атаң элдин алды болбосо да ортосу болуп адам катары келе жатат, сен ошол намысын тебелегиң келбесе Сатыбектин кызын албайсың!

- Эмнеге?

- Ошол! - деди Нуралы.

- Өзүбүз табабыз, - Сапийна чыкты бир жактан.

- Анда мен үйлөнбөйм! - деп Залкар ордунан туруп бара жатканда:

- Отур! - деди Нуралы өктөм, Залкар кайра отуруп кайсаңдай калды, - Макул, биз барып көрөлү, бүгүн акем менен жеңем экөө барып келсин.

- Карап койсоң сүйдү деп, күлүп койсоң күйдү деп үйүнө барсак куда түштү деп ойлобосун, - деди Сапийна.

- Кызды көрөт, жакса куда түшөт, жакпаса кайра тартат, Залкарды кошуп алгыла, эшик төрүн көрсүн, - деди Нуралы.

- Туура, - деди Туралы, - Кана эмесе көрүп келели, - Зуура козголду, Табылды басып калган, жаны тынбай кол байлаган кези. Туралы менен Зуура экөө Залкарды ээрчитип жөн жай эле барып көрмөк болушту, Сатыбектин үйү жолдун боюнда эле, Залкар тарткынчыктап баргысы келбей илкий басып келе жатат, алдыда Зуура келе жатып эми эшигинин алдына жеткенде үйүнөн кыйкырышкан үндөр чыгып калды, Залкар короосу тозулбаган тамды айлана берип Сырганын бирөө менен турганын көрүп токтоп калды:

- Айбек, мен сени сүйөм, - деген Сырганын сөзү анын жүрөгүн тилип кеткендей болду, - Сен мени таштабайсыңбы?

- Жок жаным, сени мен таштабайм, кечинде келсем өзүң чыгасыңбы?

- Ооба чыгам!

- Жаным, дагы бир жыргап алалычы ээ?

- Азыр, атамдарды уктатып коеюн.

- Макул, мен күтүп турам, - дегенди угуп кайра бери жакка келсе:

- Ой бала кайда жүрөсүң, кирбейлиби ичке, - деди Зуура.

- Кеттик чоң апа, - дегенче үй артынан Сырга келип аларды көрүп элээ туруп калды, Зуура экөөнү жолугуп сүйлөшкөн экен деп ойлоп ийди.

- Ийи айланайын, атаңдар үйдө беле? - Зуура билмексен боло сурады, ансыз дагы алардын үйдөн ызы-чуусу угулуп турган.

- Ии-ий, кандай жумуш менен келдиңиздер эле, келгиле.

- Сени эле көрөлү деп келгенбиз айланайын, эми кете берели.

- Ооба-ооба, кетели, - деди Туралы, Залкар болсо алда качан жолго чыгып кеткен, - Залкар кана?

- Ал эми эле бул жерде болчу, - деп Зуура жөнөй берди, аларды көрүп Залкар башын жерге сала алдыда бара жатканын көрүп берки экөө ымдашып коюп бара жатышты, алардын ою тигилердин урушун угуп ирээнжиди деген эле, бирок анын жүрөгүндө кандай бороон уулуган аяздуу шамал тээп чыгып кандай болгонуна башы жетпей турган эле. Ал башын жерге салган бойдон эле алардын артында үн сөзсүз түшүп бара жатты.

- Ээ балам, сабырың суз да? - деди Туралы.

- Кыз менен сүйлөштүңбү? - Зуура сурады.

- Жок, - деп кыска жооп кылды залкар, ал: "Булардын көрбөй калганы жакшы болду, мен ага ишенип жүрсө ал башканы сүйөм дегенин кара, атамдар туура айткан экен, тарбиясы болбосо болбойт тура", - деп ойлонуп келе жатып үйгө жетишти, ал үйгө келгенден кийин ал болгону көп сөзгө өткөрбөй эле, - Өзүңөр таба бергиле, - деп койду. Ошентип алар өздөрүнө караштуу Сапийнанын тагасынын улуу кызынын кызына куда түшмөк болушту, оңдой берди болуп алар камынып жатканда Кадырбек тойго чакырып калды, Нуралылар атайын Залкарды ээрчитип алышты, келин алып той берген Кадырбек Сапийнанын бир тууган тагасынын улуу кызынын күйөөсү, тагасы Тагайбек, өзүнүн агасы Темиралы менен Өмүралы дагы келишкен экен, атасынын көзү өтүп кеткен, апасы Зарылбү бар. Той өтө жогорку деңгээлде өттү, ошол учурда Сапийна Залкарга өзү акырын Атыркүлдү көрсөтүп:

- Барып таанышып сүйлөш балам, жаман кыз эмес, эне-атасын көрдүң, жакшы кишилер, - деди.

- Кантип сүйлөшөм?

- Барып эле мени айт, экөөбүз жакын болот экенбиз де.

- Макул, анан барам, - Залкарбек кашаң аттай ары басты, ал али да Сырганы унута албай жүргөн эле. Тойго келгендердин асты тарай баштап Кадырбектин куда сөөктөрү, жакын туугандары менен кайын журту калып оюн-зоок болуп жаштар ырдап бийлеп жатышкан эле. Нуралы сыр бербей тойго кошумчасын кошуп сый конок болуп жатты, Залкар сыртта жүрүп жаштар менен оюн күлкүгө батып жүрүп Алтынкүлдөн көзүн албай ээндей калганда жанына барды.

- Канда бөлөш?

- Жакшы.

- Мен Сапийна...

- Билем-билем.

- Анда тааныш болуп жүрөдү.

- Жарайт, - Атыркүл Залкарды көз кыйыгы менен карап койду.

- Менин атым Атыркүл, - деди анан ага кайрыла.

- Атыркүл.

- Мектепти бүткөнсүңбү?

- Быйыл бүттүм.

- Тең экенбиз да.

- Чынбы? - Кыз таңгалгандай карап койду.

- Эмне улуу көрүнөмбү?

- Жо-ок, мен окуучу деп ойлогом.

- Койчу?

- Ооба, жаш көрүндүңүз.

- Туура, кыздар эрте жетилет да.

- Эмне?! - Кыз аны коркунучтуу нерседен корккон бөжөктөй карап калды.

- Кечир, негизи кыздар турмушка да, жашоого дагы эрте аралашат дегеним го.

- Билбейт экенмин.

- Жигитиң барбы Атыркүл?

- Мен окуудамын.

- Кайсыда?

- Училищада.

- Аа-а, тойго эле келгенсиң го?

- Ооба, агамдын тоюна кантип келбейин.

- Баары бир жигитиң бар чыгар, - дегенде анын жообун укканча алардын жанына бир жигит басып келди.

- Атыркүл кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Жүрөбүз, окууга качан кетесиң?

- Бир аз күн жүрөм го, - Атыркүл күлө экөөнө карады, - Залкар, бул Дайыр, менин классташым, бул болсо бөлөм Залкар.

- Таанышканыма кубанычтамын, - Дайыр колун сунду, - Дайыр.

- Залкар.

- Кыздардан кимдерди көрүп жүрөсүң Дайыр? - деди Атыркүл.

- Зарина менен Гүлжан күйөөгө тийген, калган кыздар ар жакка кетишсе керек, окуп чокуп дегендей, айылда мендей бекерпоз Шадыбек, Эржан менен Тилектер эле калдык, Кедейкан болсо үйлөнгөн.

- Кимге үйлөндү?

- Кочкордон алды го.

- Жакшы, бактылуу болсун, - Алар сүйлөшүп турганда Залкар кайсаңдай ар жак бер жакты карап: "Мунусу кайдан келе калды, же мунун дагы көңүлү барбы", - деп туруп калды.

- Атыркүл, колуң бошосо бир жолугалы.

- Жо-ок Дайыр, колум бошобойт, эки-үч күнгө чейин коноктор тыйылбайт чыгар, эмне жумушуң бар эле?

- Өзүң билесиң да...

- Дайыр, мындай сөзгө убактым жок.

- Билем сен мени тоготпойсуң, - Дайыр ушинткенде Залкар ары басып кетти, анткен менен алыстаган жок, алардын сөзү угула турган жерде турган, - Мен сени сүйөөрүмдү билесиң да.

- А мен сени сүйбөйм, агамдар көрсө сага жаман айтып коет, кетип кал! - деп Атыркүл ары басып үйүн көздөй кирип кетти, ага Залкар кубанып калды: "Демек бул жакшы кыз экен, атамдар айткандай тарбиялуу кыз тура", - деп ойлонуп алып кудуңдай үйгө кирип ата-энеси отурган конок бөлмөгө баш бакты.

- Кел балам, - деди Кадырбек аны көрүп.

- Жезде, Залкар биздин тунубуз, - деди Сапийна атайын.

- Бойго жетип калган тура, - деп Шааркан Залкарды мээрим төгө карады, - Өтө гой айланайын, - Көп катышпасак эле жат болот экен адам, Сапийна өзүң жакшы келбейсиң.

- Таеже, биз мал менен эле чыга албай жүрбөдүкпү, эми кудай буйруса өзүн-өзү билген кезге келдик, каттайбыз да, - Сапийна шакылдай жооп кылды.

- Ооба-ооба, билгенге эркин заман, билбеген менен колунда жокко кыйын заман келбедиби, - деп Кадырбек карсылдай күлдү, - Деген менен кой үстүндө торгой жумурткалаган сонун заманда деле жетпегендер жетпей эле жашап жүрүшпөдүбү.

- Анан эмей, заманга шылтап коюп өздөрү эптей албай замандан көрүп келишет, ботом заман деген мына ордунда эле турбайбы, төрт мезгил ошол эле нугунда, элдин пейили гана өзгөрүп бара жатат, соода дегенди билбеген кыргыз баласы эл-жерин таштап бөтөн жерге кетип жатышат, байыртадан эле кыргыз эли момун калк, салт-санааны ыйык тутуп ата-бабанын сөзүн унутпай урпактарга аздектеп жеткирген улуу калк эле, жерибиз ыйык, кылымдар бою тоолорубуздун кенинин сырын ачып бүтө албай келе жатпайбы, - деди мугалим болуп иштеген Айтбүбү.

- Ырас-ырас, бир короо койго бир серке дегендей жетимиш жыл бою он алты Республиканы былк эттирбей башкарып келген Брежневдей адам жок болуп жатпайбы, эми өз-өзүнчө мамлекет болсо кантээр экен? - деди бири.

- Ошону айтпайсыңбы, дагы бир адилеттүү бирөө чыкканда эле май көл, сүт көл заман болбойт беле?

- Аттиң десеңчи, соодага көнбөгөн байкуш кыргыздын жаштары ар жакка кете баштады.

- Ай-ай, - деди тойду алып барып жаткан жаш келин колун көтөр, - Саясатты кое тургула туугандар, биз эки жаштын тоюнда отурабыз.

- Жакшы эмесе туугандар, эзелкиден баштайлы, эки жашка бакыт-таалай каалайлы, жакшы сөздөн айтылсын, эзил кайран өткөндү, эми мындай таштайлы, Бакыт менен Аиданын келечегинен баштайлы, - деди бири сөзмөрлүгүн билдиргендей, - Эмесе туугандар, куда-кудагыйлар, тага-жээн бөлөлөр, мына бул бөдөнөнүн сүтүн Какем жайында атайлап саап катып койгон экен, татып көрбөйлүбү? - деп отургандарды караганда жалпы күлүп калышты.

- Оо Какем элде жокту таап келсе кантип татпайлы.

- Ошону айтсаң, бөдөнөнүн сүтү болсо таталы.

- Эмесе эки жаш бактылуу, ырыс-кешиктүү болсун! - дешип алып ийишти, бака-шака болуп отуруп Нуралы бата тилеп уруксат сурашып үйүнө жөнөштү, жаш балдар калган эле да, Залкар жымыйып үйүнө келди. Ошондон кийин эле ал эки-үч жолу Атыркүлгө жолукту, узатпай кызды ала качып алышты, Атыркүл анча чыр салбады, эки жак сүйлөшүп алыстап бара жаткан тууганчылыкты эки баланын аркасы менен жакындаталы деп бүтүм кылышты. Нуралы ачуу басарга бир тай менен он миң рубль алып барды, ошол кезде рубль деген бапырап турган кез эле, ошентип Залкар акылкарачачтай кыз Атыркүлгө баш кошту, баардык ырым жырымын бүтүп Атыркүлдүн окуусуна карап Залкарды кошуп шаарга жөнөтүштү. Зайна зыңкыйган келин болгон, баласы бир жаштан өтүп боюнда да бар, ата-энесиникине келсе бир-эки гана күн болуп кайра жөнөйт, Эмил кайнагасы үйлөнгөндө кызмат кылып жүрдү. Уулунун атын Урмат коюшкан, Зайна кайын журтун сыйлап, ызаттап ыймандуу келин болгон, Нуралы менен Сапийна бир азга көңүлдөрү тына түштү. Туралы менен Зуура алардын жакшылыгында бирге, конокторун тозушуп, бир жагынан колунан келгенин берип канат бутак болуп иниси менен канаатташ. Табылды тамтуң басып калганда Айсалкын аны алы жетпесе деле көтөрүп, оюнчуктарын карматып кечке жанында. Зуура ага оюнчуктун түрүн алып берген, бою менен тең куурчагын уктаса дагы кучактап алып жатат. Табылды дале болпоюп жоош, жөрмөлөп бара жатып эле тура калып эки-үч аттап кайра отура калат, аны Айсалкын:

- Келе гой бас, бас Таки, - деп колунан тартканда ал башын чайкап:

- Тат-тат, тат, - деп жаркылдай күлүп колдорун серпе талпынып калды.

- Секетиң кетейин десе, балпайган каралдым, - Зуура келип көтөрө калып өөп-өөп алды, - Кудайым берген эрмектерим го?

- Жаман эмне басам деп жатабы? - Туралы сырттан кирип сурады.

- Ооба, тамтаңдап жатат, эжеси бастырам деп шашып жатпайбы.

- Зукен, - Туралы отура кетти.

- Эмне болду?

- Такинин тушоосун кесип койсок кантет?

- Азыр кое тур, нооруз майрамы болот деп жатышат го, ошондо кудай буйруса кестиребиз.

- Макул анда, ага деле үч-төрт ай бар экен, ушу нооруз майрамын ырас кылды ээ Зукен?

- Аначы, ал чоң майрам деп жатпайбы.

- Эл тынч болсунчу, жамандарыбызды эл ичинде аман-эсен жүрүп тарбиялап өстүрүп Асини жакшы-ы жерге берсек, уулума жакшы жерден аял алып берсек бкыйган байбиче чал болуп жашап калабыз.

- Кудайым ошого жеткирсин Туку, сокурдун тилегени көз дегендей экөөбүзгө ушулардын амандыгы гана керек го? - Зуура башын ийкеңдете жылмайып алды.

- Апа, мен качан чоңоем? - деп Айсалкын быйтыйган колдору менен Зуураны кучактап алып өпкүлөп калды, - Мен эйте-эйте чоңоюп калам ээ?

- Берекем го, секетим го ушул, сен сулуу кыз болуп чоңоесуң да.

- Мен чулуумун ээ апа?

- Ооба, сен сулуу кызсың да, - Зуура чоп эттире өөп койду.

- Кызым Курманжан жаткадай кыз болот, - Туралы мулуңдай карады.

- Менби? - Айсалкын көзүн ирмей карап калды.

- Ооба, сен да, - Туралы күлүп койду.

- Апамчы?

- Апаң дагы сулуу.

- Апам экөөш чулуубуз да ата.

- Ананчы кызым, апаң экөөңө эч ким жетпейт да.

- Ченчи ата?

- Мен дагы кызым.

- Такичи?

- Таки дагы, биз баарыбыз башкачабыз кызым, - Зуура күлүп бооруна кысып өөп-өөп алды, - Садагаларым го ушулар.

- Ырыстары го ушул.

- Ат-та, ат-та, - деп ойноп отурган Табылды талпынып калганда экөө тең умтулуп жетип:

- Таки, - деп Туралы ала койсо:

- Таки, - деп Зуура ага жалдырай карады.

- Апа-а, Такини ойното-ом, - Айсалкын аларды бучкактады, бул ар бир күнү үй-бүлөөдө болуп турган көрүнүш, эрди аял эки бала менен бактылуу эле, Табылды күн санап чоңоюп бара жатты. Жашоонун өзөгү болгон адам, өмүрдү жашартып турган бактылуулук эмеспи, Айсалкын бөйтөйүп чоңоюп бара жаткан сайын Нуралы менен Сапийна аралашып чогуу жүргөнгө кийинчерээк саал имергендей, болуп бара жатты, күн ара эле чогуу болуп той-топураларда келип кеткенге көз алдында өспөдүбү, анын үстүнө кыз бала боорукер дагы жаракөр болот эмеспи, Нуралыны деле аталап жетип барып алдына отуруп калат, Сапийнаны апалап жанына барып калат, кантип имерилбесин. Башында тең карап: "Балам жок деп арман кылчу элем, Асинин өз ата-энесинен бөлмөк белем, аман болсо болду, эки үйдүн эркеси болуп жүрө берсин", - деп ойлоп жүргөн Зуура негедир кызганчу болуп бара жатты. Баккан бала боор эт менен барабар дегендей дилинде макул болсо дагы жүрөгү макул болбой кийин алардыкына бара турган болуп калса Туралыны эки бала менен үйүнө таштап кетчү болду. Айрыкча Айсалкын өзү дагы көзгө жакын болуп тили буудайдай сайрап текилдеген кыз сүймөнчүк эле. Чоңоюп кеп-сөзгө түшүнгөндө өзүм айтып түшүндүрөм деген оюнан кайтты Зуура, ал балам жалгыз болуп калат, эжем бар деп каниет кыла турган болсун деген ниетте эле. Бирок кудайдын керемети менен уулу экиден өтүп калганда кайрадан кош бойлуу болуп калды, илгертен эел улуу кишилер: "Бирөөнө эрте, бирөөнө кеч берет, алланын буйругуна айла жок, үмүт үзбөш керек", - дегендей эле Зуура кырктан ашканда балалуу болуп бактылуу болуп турган кези. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок демекчи экинчиси дагы уул болду, жылдар жылып билинбей өткөн убакыт тез эле Айсалкынды суйкалган сулуу кызга айлантты. Зуура дал өзү күткөн мезгил келгенин сезди, кудайга тобо кылып Айсалкын он үчкө чыкканда аны жанына отургузуп алып сөз баштады:

- Кызым, - деди ал кызынын көкүлүнөн сылап, жүзүнөн өөп, - Менин сага айтаар бир жомогум бар, сен бой жетип бара жатасың, мени түшүн, - деди.

- Ал кандай жомок апа?

- Чындыктан жаралган жомок кызым.

- Кызыктуубу?

- Ооба кызым, - Зуура терең дем алып алды.

- Айта бериңиз апа.

- Сен сабакты жакшы окуйсуң ээ?

- Ооба, эмнеге сурадыңыз?

- Жакшы окуп жатасың туурабы?

- Ооба.

- Эмесе тыңда, - Зуура Туралы жокто сөз баштады, Табылды экинчи класста окуп калган, экинчи уулу Айылчы жетиге чыгып жаш деп окутушпай койгон, алар атасын ээрчип Нуралыныкына кетишкен эле, - Эки бир тууган болуптур кызым, абдан ынтымактуу экен, бири-бири үчүн ичкен ашын таштай коюп кандай кыйындык болсо дагы бел болушчу тура, ошол эки бир туугандын бири балалуу болбой көп жыл инисинин балдарын өз баласындай көрүп чогуу жашашат. Алардын аялдары дагы эже-сиңдидей бири-бирине ынак, сырдаш курбудай болот, инисинин аялы беш бала төрөйт, алтынчысын төрөөрдө...

- Апа, бул жомок эмес го?

- Жомок кызым, болгон окуядан алынган жомок.

- Анда айта бериңиз.

- Ошол баласын эркек болсо агасына берүүнү чечишет, бирок кыз болуп калып иниси агасына кеңешсе кыз болсо дагы бере бер дейт да төрөөрү менен жети күндүк наристени ага-жеңесине беришет. Алар кубанып багып алышат...

- Ал ким апа? - дейт сезимтал кыз башын көтөрө.

- Азыр айтам кызым, ошол кызды багып алгандан эки жыл өтпөй баягыл төрөбөгөн аялдын боюна болуп уул төрөп алып баккан кызын акжолтой дешип ого бетер жакшы көрүп багышат. Кыз татынакай сулуу кыз болуп өсүп келе жатканда бир туугандардын үйүндө тойлор болуп көпкө бир үйдө болгон учурда аял кызын ата-энесинен кызганып алып барбай калат. Кийин дагы бир балалуу болуп алардын балалуу болбой калдык деген санаасы тынып бактылуу жашап калышат.

- Ошолор биздин айылдабы апа?

- Ооба, ал тургай менин жанымда, - Зуура мээримдүү жылмайып Айсалкынды көздөрүнөн өбөт, - Мына ошол кыз сенсиң кызым.

- Эмне дейсиз? - Айсалкын алая карады, анын көз карашында эч нерседен бейкапар бае көз караш эле, - Ки-им?

- Сенсиң кызым, сенин апаң Сапийна, ушундайда айтып койбосом кийин мени кечирбей коебу деп ачык айтканга бел байладым кызым, эстүү кызсың сен, баарын түшүнө албасаң дагы таразалап көрө турган болосуң, - деп Зуура алдына башын коюп жаткан кызын эңиле караса көздөрүнөн мөлтүлдөгөн жаш куюлуп Зууранын тизесине агып сиңип кетип жаткан экен, жүрөгү миң жеринен канжар тилгендей зырп эте сайгылашкан аял анын башын көтөрүп бооруна кысты, солкулдап өзү дагы ыйлап жатты.

- Апа, мен сенин эле кызың болоюнчу.

- Ооба садагаң, сен менин эле кызымсың, болгону чындыкты билип алсын дедим.

- Апа, мен мурда эле уккам.

- Кимден?! - Зуура чоочуп кетти.

- Алина бар го?

- Ийи.

- Ошол уруша кеткенде сен Нуралынын кызысың деген да.

- Сен эмне дедиң эле?

- Калп, мен атамдын эле кызымын деп айткам.

Айсалкын керилген кыз болду, ата-энесинин айтканынан чыкпайт, суйкайган сулуу кызга айылдан далайлары куда түшүүгө даяр эле, болгону он биринчи класста окуйт. Өзү бир дагы жигитке көңүл бурбады, Нуралынын балдары үйлөнүп эң кичүүсү Жапар үйлөнгөнү

Турат, Жайна болсо бир балалуу болуп калган. Зайна төрт баланын энеси, күйөөсү экөө бизнес менен алектенишип, тың турушат, Нуралы абдан байыган, мен дегендер менен байланышып, малын бакканга киши жалдап абройлуу боло баштаган. Туралынын малын чогуу багат, аны көбөйткөн дагы ошол Нуралы, жайы-кышы керек дегенин берип, сатканын сатып турат, Зуура менен Сапийна болсо балкайып толгон, кийим кечеси баалуу, колдору менен мойнунда алтындар, Табылды менен Айылчы катар бой жетип бара жатат, Айсалкынга ар кай жактан жуучу түшкөндөр көбөйгөнүнөн мектепти бүтөөрү менен эле шаарга окууга жөнөтүштү, мед академияда окуп калды. Алгачкы курстан бир жигит артынан түшүп бура бастырбай сүйүүсүн арнап жалдыраган жигиттин аты Аманат эле...

Аманат Көлдүн Тоңунан болот, ал дагы жалгыз бала, Санамдын жалгыз уулу Болот, сүйлөшүп жүрүп Гүлсайрага баш кошкон эле, эне кубанып уул-келини менен жашап бактылуу болуп жүргөндө келини ушул Аманатту төрөп эле көз жумду, Болот сүйгөн жарынын көз жумганына кайгырып баласын ла карабай ичип жүрүп алды. Санам бечара агы - ак кызылы кызыл сүлкүлдөгөн аял, өз курагынан бир топ эле жаш көрүнчү, үч жылда алтымышка чыга турган аял бир гана бала төрөгөнгөбү же өзүн жакшы карап жүргөнгөбү он жаш берегирээк көрүнчү. Аманат үчкө чыгып калганда Болот тагдырына көнүп сүйгөн жарын унутуп бир аз өзүнө келип уулуна карап калганда капыстан өзүнүн волга-31инен аварияга учурап каза болуп калды. Ушул Аманатты дагы өзү атайын койгон болчу. Ботодой боздоп отурган Санам ошолорду ойлонуп отуруп: "Каралдым ай, аманатың ушул беле, өзүңдүн дагы өлөөрүңдү билдиң беле кокуй", - деп сыздап отурду. Ал ушул азыр өткөндү эстеп жалгызын жоктоп отуруп көз алдына кээ бирин келтирип жатты, анда жаңы гана Гүлсайра көз жумуп башын көтөрбөй ичип да ыйлап да отурган баласына:

- Боки, баланын атын коелу балам, мына кыркы да өттү, күбөлүк алына элек, - деди эле башын көтөрбөй туруп:

- Аманат деп жаздыра бериңиз, - деди.

- Башка эле ат коелу балам.

- Жок апа, Гүсайра мага аманатын таштап кетти, сүйүүм ушуну менен өчтү, балаңды көзүмө көрсөтпө, бага бериңиз, - деп колун шилтеди.

- Балам, өлгөндүн артынан өлмөк жок садага, атадан бала калат, энеден кыз калат, бир туугандан ажырайт, бирок жашоо токтоп калбайт, жашоонун сыры да чыры да көп жагы ушунда.

- Бара бер апа, Аманат болсун ошол бала сизге, мен көргүм келбейт!

- Кой садага, Бакытбек же Таалайбек коелу...

- Болсо Аманат болсун, болбосо жок! - деп Болот туруп кетти. Санам андан кийин үндөбөй чыгып кетти, бирок күбөлүгүнө Аманат деп жаздырды, уулун капа болот деп ойлоду. Кийин Аманат төрткө карап сүйлөп калганда:

- Боки, уулуңду карачы, ата-ата деп жаны калбайт, - деп Санам имерилсин деген ойдо айтты эле:

- Апа, туулбай жатып энесин жуткан балаңды койчу! - деп телевизор коюп отуруп алды.

- Кой балам, балаңды антип өзүңдөн алыстатпа.

- Чоңое берсин апа, ал сенин балаң.

- Мейли-мейли, - Санам күлүп калды, - Боки мени укчу садагаң.

- Дагы эмне болду апа? - Суз апасын карады.

- Үйлөнсөң боло эми.

- Жок, үйлөн деп айтпа апа, - деди да шарт туруп кетип калды, Санам шалдая отуруп калды, ушуларды эстеп отуруп эсин жоготуп бара жатты:

- Каралды-ым, неге мынча өзүңдү кыйнадың жаратка-ан! - деп барып жыгылып калганда аны тегеректеп калышты, ошентип өлгөндүн жазасы көмгөн деп уулун жайына бергенден кийин бармактай бала менен калды. Ыйлаганда ыйлап, бирде сооронуп кирип-чыгып өлбөстүн күнүн өткөрүп тирүүлүктүн бир вазийпасын аткарып жүрө берди. Баягы сүлкүлдөгөн аялдын кара чачын ак басты, жүзүн бырыш басты, жүрөгү оорукчан болду. Бел кылганы жалгыз Аманат, кайда барса ала жүрөт, сыртта балдар менен ойносо көз айрыбай карап турат, мектепке баргандан баштап ээрчитип жеткирип кайра өнтөлөп тозуп алып жүрдү. Чоңойгондо гана Аманат өзү менен өзү болуп калды, сабакты жакшы окуйт. Санам небереси үчүн жашап, ошого топук кыла баштаганда бир кызык түш көрдү, түшүнө келини кирип жатыптыр, алыстан көрүнүп: "Аманатка айт апа, биз Болот экөөбүз биргебиз, эсине салып бизди айта жүр, ал жакшы адам болот, анын жолуна бөгөт болбой окутуңуз", - деп жатыптыр, ошондо Аманат он бирде окуп жаткан, Санам жалгыз калам деп окууга жөнөткүсү келбей жүргөн эле. Анын үстүнө жалгыз небересин таанышы жок шаарга жөнөткүсү келбейт, ошол учурда Гүлсайранын бир тууганы келиптир, ал шаарда кызматта болчу. Акыры айласы жок Аманатты шаарга жөнөтүп кала берди, оңкулдап коңшу-колоңуна кирип чыкканы менен баары бир үйүнө кирсе эле жата албай кыйналганда бир тууган инисине кеңешип үйүн сатып, болгон малын инисине өткөрүп берди да шаарга баса берди. Аманат апасы келгенде аябай сүйүндү, анткени тагасынын аялы батырбай батирге чыкмак болуп жаткан эле, ошентип эне-бала бирге туруп калды, анын пенсиясы гана бар, Аманат сабактан жакшы биринчи курсту бүткөндө Санам:

- Аман, сен эми бой жеттиң, үйлөн, - деди Санам.

- Апа, окуумду бүтмөйүнчө үйлөнбөйм.

- Кой балам, жашыңда үйлөнсөң балаң өзүң менен бирге өсүп калат, мына мен дагы картайдым, сенин балдарыңды алы-күчүм барында багып берейин.

- Ой апа-а, сиз али жашсыз го? - Аманат күлүп койду, ошол бойдон Санам унчукпай калды, амандыгын гана тилеп калды. Билинбей өткөн убакыт Аманатты төртүнчү курска жеткирди, Санам дагы үйлөн деди эле болбоду, күн санап санаа менен убакыт өткөрүп аяк-бияктан өзү кыз издеп да жатты, дал ошол учурда Аманат Айсалкынга кезигип калды. Санамдын айткандарын эстеп кыз менен жолугушуп жүргөн кезде:

- Аси, үйлөнүп албайлыбы? - деди Аманат.

- Аман, мен азыр турмушка чыга албайм.

- Эмнеге?

- Ата-энемдин менде үмүтү зор, ишеничин аткарышым керек.

- Макул, ойлонуп көр.

- Жок, ойлогондо эмне, баары бир жообум бирөө.

- Аси, сен мени сүйбөйсүңбү? - Аманат кыздын жолун тосту.

- А сен сүйөм дедиңби?

- Чынымды айтсам сени сүйөм, өзүм жалгыз баламын, - Аманат баарын ага айтып берди, - Чоң энем багып чоңойтуптур, эми үйлөн деп шаштырып жатат.

- Анда үйлөн.

- Мен сага гана үйлөнөм.

- Эмнеге сага чыкпайм.

- Эмнеге Айсалкын, сага жакпаймбы?

- Жагасың, бирок чыкчу адамым эмессиң!

- Демек сүйбөйт экенсиң да?

- Кандай түшүнсөң ошондой түшүн Аманат, мен сени жигитим эмес дос катары көрөм.

- Ошондой де...

- Ооба, ошондой Аманат.

- Болуптур, өкүнбөсөң болду.

- Эмне, неге өкүнмөк элем?

- Өз бактыңды сезбегениңе.

- Балким менин бактым такыр башкадыр?

- Мейли, кош анда, - деди да Аманат басып кетти, Айсалкын кайдыгер гана суз коштошуп кала берди, ал оюндагы мырзаны али кезиктире элек эле, анын канчалык капа болуп кеткенин сезбеди, ошондон көп өтпөй өзүнүн курсташы Арууке ага минтип калды:

- Аси, - Алар дайыма аны ата-энеси айткандай Аси дешчү, - Мен бирөө менен жолуктум.

- Жакшы болуптур, дароо эле сүйөм дедиби?

- Жок, андан да башка, - Арууке күлө карады, - Тапчы.

- Анда кыз-жигит бололу деген чыгар.

- Жо-ок, такыр бөлөк сөз айтты.

- Өзүң айтчы, эмне үйлөнөлү дегендир анда.

- Ооба-ооба! - Арууке каткырып алаканын чаап секирди, - Дароо эле ал үйлөнөлү дебедиби?

- Кызыксың го, сен эмне дедиң?

- Ойлоноюн деп айттым.

- Сага жагабы деги?

- Жагат, мен аны мурдатан эле көрүп жүрчүмүн, көрсө ал дагы мени сыртыман жактырып жүрүптүр да, анан эле бүгүн атайын жолугуп калып эле экөөбүз сүйлөшүп отурдук, кафеге кирдик, жалгыз чоң энесинин небереси экен, шаарда турушат экен, - дегенде Айсалкын аны жалт карады.

- Аты ким экен?

- Абыл деди го.

- Аа-а, - деп койду Айсалкын кайра кагазына үңүлө.

- Сен тааныбайсыңбы аны?

- Жо-ок, Абыл дегенди билбейт экенмин.

- Очень - очень симпатичный парень!

- Но ладно, будь счастливо.

- Рахмат курбум, - Арууке кубанычтан жүзү албыра келип Айсалкынды өөп койду, - Мен сүйүп калганмын курбум, күтпөгөн жерден ал дагы айтса эсимди жоготуп кое жаздабадымбы, элестет өзүң сүйүп жактырып жүргөн адамың эле келип сага мен сени жактырам, мага турмушка чыгасыңбы, - деп жатса.

- Арууке, - деди Айсалкын, - Сен сүйүүгө ишенесиңби?

- Ооба, а сен ишенбейсиңби?

- Мен эч кимди сүйө элекмин.

- Өзүң сүйсөң анан түшүнөсүң курбум, - Арууке өзүнчө эле эргип сүйлөп жатты, - Сүйүү келгенде өзүңдү дагы тааныбай каласың, учуп жүргөн канаттуудай закымдарга оюң менен жетип оюңда жалгыз гана сүйгөн адамың болуп бактылуу болуп каласың.

- Сен бактылуу боло турчу, мен али сүйүүнү түш көрө элекмин, - Айсалкын аны карап күлүп койду.

- Аси, мен сага таңгалам.

- Эмнеге?

- Сен аябай сулуусуң, бирок жигитиң жок.

- Сүйбөсө жигит карамак беле?

- Койсоңчу, өзүң повот бербейсиң го?

- Балким, - Айсалкын ойлуу унчукпай калды, алар ээрчише аялдамага бара жатканда аларды узата карап Аманат турду. Көп өтпөй эле Арууке турмушка чыгып кеткенин угуп калды. Курсташтары чогулуп белек-бечкегин алып бармак болуп калганда Айсалкындын атасы келип калып барбай калды, эртеси кыздар айтып түгөтө албай жатышты, Айсалкын барбай калганына өкүнүп турду.

- Аси, сен билчү белең? - деди Дамира.

- Эмнени?

- Аманат деген бешинчи курстагы баланы.

- Эмне болуптур ал? - Айсалкын чоочугандай карап калды.

- Аруукеге ошол үйлөнүптүр!

- Койчу?!

- Койбой эле, көрүп келбедикпи.

- Чын эле ошол бекен?

- Ошол, чоң энеси менен турат экен.

- Аа-а, - Айсалкын кызыктай болгону менен сыр билгизбей, - Бактылуу болушсун, - деп койду.

- Аси, сен жаман болуп кеттиң го? - Дамира таңгала карады.

- Эмнеге?

- Өңүң бузулуп кетти.

- Ашказаным ооруп турган өзү...

- Ошондой, жаман болуп турасың.

- Сабакка качан келет экен?

- Бир жумадан кийин эле той өткөрөт экен, ошондон кийин келет окшойт.

- Аа-а, - деп койду Айсалкын.

- Арууке бактылуу кыз экен, - Дамира суктанып алды.

- Эмне үчүн?

- Академия боюнча жакшы окуган, канча кыздарды өзүнө караткан жигитке чыкты да.

- Мен дегеле көңүл бөлбөпмүн.

- Староста эмес беле?

- Ошолбу? - Кайдыгер сураган болду.

- Уш-шунча жүрүп Аманатты билбейсиңби? - Дамира таңгала карады.

- Укканмын, көңүл бурбасам керек.

- Арууке дагы сулуу ээ?

- Ооба, сулуу кыз.

- Эми тоюнда көрөбүз да, - Дамира өз ордуна отуруп калды, андан соң сабак бүтүп ар кимиси өз үйлөрүнө жөнөштү, Айсалкын жөн гана таңгалды, бирок анын: "Өкүнбөсөң болду", - дегенин эстеп: "Эмнеге өкүнөм, бактылуу болушсун, мага тиеше жок, өзүм сүйбөгөн адам үчүн не өкүнөм, өкүнмөк турган капарыма дагы албайм", - деп ойлонуп батирине келди. Төрт кыз биригип бардык шарты бар бир бөлмөнү жалдап алышкан эле, баарынын ата-энелери кабатыр болуп келип кетип турушат, келген сайын көтөрүнүп келип акча берип кетишет. Кыскасы баарыны ата-энелери бардар адамдар эле. Айсалкын келсе үчөө тең бар экен, Аида, Акылай менен Гүлмайрам.

- Келдиңби Аси? - деди Гүлмайрам.

- Ооба, менсиз зериктиңерби? - Айсалкын күлүп койду.

- Ананчы, жакын курбуңа кетип калдыбы деп ойлодук эле.

- Эмнеге?

- Аяшың менен кенен кесир таанышканга.

- Тойдо көрөбүз да.

- Тою качан болот экен?

- Бир жумадан кийин дейт, баргандар айтты.

- Аа-а, - деп коюшту алар.

- Аси, - деди Аида.

- Оов.

- Сен Аманат менен кыз-жигит эмес белең?

- Жо-ок, эмнеге сурадың?

- Мурда бир сени менен турганын көргөнмүн.

- Аа-а, жөн эле тааныш болчубуз.

- Балким сен макул болбой койгон чыгаарсың?

- Жок, андай болгон эмес.

- Мен сени жаман акыбалда калдыбы деп ойлогом.

- Кабатыр болбо садагасы, менин ага переживать эткидей жайым жок, - деп Айсалкын жайдарылана кыздардын жанына отура кетти...

Аманат Айсалкынга өчөшүп Аруукеге үйлөнүп алганы менен анча көңүлү ачылбады, кайын журту келип кетти, Санам өңдүү-түстүү келиндүү болгонуна кубанып эчтекесин аябады, тойго кам көрүп малын сатып, баарын даярдады, иниси Кубат эжесине жардам берип кызы, баласы болуп жүгүрүп жүрүшөт, Арууке беш бир туугандын эң улуусу, ата-энесинин колунда бар эле, андан кийин эки сиңдиси, эки иниси бар. Акматбек кырктардан жаңы гана ашкан кара мурут сулуучумак жигит, аялы отуз жетилерде, тун кызы турмушка чыкканга колунда бардыгын көрсөтүп баарын жасады. Адегенде Акматбек жетим балага кызымды бербейм деп чыр салды, бирок Арууке ыйлап-сыктап Аманатты сүйөм деп туруп алды, Алима дагы элден укканын айтып кызынын кийинкисин ойлонуп күйөөсүн тыйып, тууган уругунун алдына ийилип турганын, ачуу басарды жетим баладай эмес толук кандуу үй-бүлөө сыяктуу жалгыз кемпир бир тай менен жыйырма миң сом, шаардыктардай эле коробкалап момпосуй, печенье менен жашиктеген ичимдик берип ийгенин көрүп жибишип кызынын намысы үчүн үйлөнүү тоюн өзү гана өткөрмөк болгон. Ага Санам болобу, жалгыз небереси үчүн барын аябады. Ошентип жума өтпөй алардын үлпөт тоюу өттү, той болуп жаткан кезде студенттер дагы келген, Айсалкын дагы бар, ал ушул тойдо анын тагдырын өзгөртчү чоң окуя болоорун жүрөгү сезгендей жүрөгү алып учуп өзүн бир башкача сезип жатты. Бир кезде Аруукенин ата-энеси эл алдына Санамдар менен бирге чыгышканда Акматбекти бир көрүп эле жүрөгү болк этип алды, кызыл жүздүү кара мурут, көздөрү жаш жигиттикиндей өткүр, каштары кою капкара адамды караган бойдон катты да калды. Шарактап жаткан студенттер аны байкаган деле жок, анын көз албай карап турганын бир гана Аманат байкап өзүн карап жаткандай сезип: "Дагы боло элек, мени сүйүп туруп сүйгөнүңдү мойнуңа албадың, Аруукенин бактысын көрө албай турасың го, өмүр бою өкүнө турган болосуң", - деп ойлонуп мыйыгынан жылмайып алды. Бирок ал анын таптакыр башка адамды карап, көзүн тартып ала албай: "Мен издеген адам мына ушундай болуу керек, бирок мунун жашы менден улуу, үй-бүлөлүү, албетте мен дагы ушундай адамга жолугам, жүрөгүм каалаган адамымды табам", - деп отурганда анын бир да жолу даам сызбай бир тарапты караган бойдон жаагын таянып отурганын байкаган Гүлмайрам:

- Ай, сага эмне болду, албайсыңбы тамактан, болбосо ачка каласың, - деди шыбырай күлүп, ал дагы аманатты ойлоп жатат го деп турган эле.

- Аа-а, менин эчтеке ичким келбейт.

- Эмнеге?

- Жөн эле, жүрөгүмө барбай турат.

- Эмне, бир нерсеңди жоготтуңбу? - Гүлмайрам сырдуу жылмайды.

- - Жо-ок ай, жөнчү Гүлмайрам, - дегени менен улам эле Акматбек тарапты карап коюп жатты, Гүлмайрам ал караган тарапты карады, Аманаттар эбак өз ордуна барып отуруп Аруукенин ата-энеси гана коноктордун белек бечкектерин бир четте, Санам бир четте келини, иниси болуп турушкан, аларды бир карап кайра Айсалкынды караган Гүлмайрам өзүнчө ийин куушура кашын кере отуруп калды. Тойдон чыккандан кийин дагы Айсалкындын көз алдынан ошол адам кетпей туруп алды, деги бир эсинен кетсечи, кылт этсе эсине келе калып: "Эмнеге эле оюмдан кетпей койду, кызык ал чоң эле адам го, анан дагы эркек кишиге сулуулуктун эмне кереги бар, башкача сулуу экен", - деп ойлоп алат. Сабагына барса деле ручканы салаасына кыпчып алып жө оозуна салып ойлуу отура берчү болду, аны байкап жүргөн Дамира:

- Аси, сен эмне болуп жүрөсүң? - деди акырын.

- Мага эмне болуптур? - Айсалкын кайра ага суроолуу тигилди.

- Билбейм, сен сабакка баштагыдай көңүл бурбай калдың.

- Угуп жатпайынбы.

- Жо-ок, сен өзүң бул жерде отурганың менен оюң башка жакта.

- Сага ошондой көрүнүп жатса керек.

- Билбейм, деги башкача болуп жүрөсүң.

- Койчу, - Айсалкын дептерине үңүлдү, Дамира аны саамга карап туруп өз алдына карап калды, аңгыча кышкы семестр аяктап он күнгө үйүнө кетмек болуп жатканда ооруп калды, эртең менен туруп жуунуп жатып эле көзү караңгылап жыгылып калды, ваннадан чыккан дабыштан улам эле кыздар жетип келишсе ал эч нерсе билбей жатыптыр, дароо эле кыздар тез жардам чакырышты, ооруканага алып барышканда гана көзүн ачты:

- Мен кайдамын? - деди өйдө болгону жатып.

- Тынчтаныңыз, - деди аны үңүлө карап турган врач жылмайып, - Сизге кыймылдоого болбойт, ооруканадасыз азыр.

- Эмнеге, мен эмне болдум эле?

- Көп ойлонуп коюпсуз, жүрөккө таасир эткен.

- Эми жакшымын, кете берсем болот го?

- Жок, сиз бери жагы он чакты күн жатып дарыланышыңыз керек.

- А окуумчу?

- Адегенде ден-соолук болуу керек, анан окуй бересиз, - Врач аны көз айрыбай карап туруп калды.

- Мен жакшы эле сезип турам өзүмдү.

- А биз оорулууну көзүбүздүн карегиндей кароого милдеттүүбүз чоң кыз, азыр сестра келип укол саят, сиз козголбоңуз, - деп туруп бара жатып кайра бурулду, - Аты-жөнүңүз ким?

- Бектурганова Айсалкын.

- Жылыңыз?

- Сексен экинчи жыл.

- Жакшы, жата бериңиз, - деди да врач чыгып кетти. Айсалкындын оюна дароо эле кызыл жүздүү көздөрү күйгөн эркек түштү, атын укпай калган: "Аты ким болду экен, Арууке Батырканова эле, атасынын аты ким, эмнеге эле аны эстей берем", дегиче сестра келип ага укол сайды, анан дарыларды берип кеткенден кийин эле ал карды ачканын сезди, жанында бир келин жаткан, ал дегеле эч ким менен иши жоктой ары карап жатат, канча жатканын билбеди, бир кезде топурап эле кыздар менен эки жигит кирип келишти, баары курсташтары эле.

- Кандайсың, бизди коркутуп жибердиң го? - деп Аида келип өөп калды.

- Сен ооруп жүргөнүңдү неге айтпадың?

- Этият болбойт белең, - дешип Айсалкынды сүйлөөгө мурчасын келтирбей эле бакылдап жатышты, колунда асма укол болгондуктан өйдө боло албай жылмайып аларга жооп кылды:

- Мен өзүм билген жокмун да, бүгүн үйгө кетүүм керек эле...

- Жо-ок, сен ооруп жүргөнсүң, - деди Гүлмайрам, - Ооруңдун сырын биле-ем.

- Койчу Гүлмайрам, сен эмнени билмек элең?

- Билем, - деп жылмайып койду, ошол кезде Арууке кирип келди.

- Эй, сага эмне болду? - Келип эле өөп-өөп ийди.

- Эчтеке, жакшы элемин, - Айсалкын күлө карап андан уялып кеткендей болду.

- Атам ооруп жаткан, ага келип анан сени угуп калбадымбы.

- Эмне болуп? - Айсалкын бир башкача болуп кетти, - Эмнеси ооруйт?

- Кан басымы жогору, анан жүрөгү дагы ооручу.

- Иий, - деп кабагы бүркөлө түштү, негедир ушул азыр аны көргүсү келип кетти.

- Эми жакшысыңбы анан?

- Жакшы эле...

- Ой Аси эркелеп жатат, - деп койду Аида.

- Мейли кыздар, мен кеттим, эшикте Аманат күтүп жатты эле, - Арууке шаша кайра Айсалкынды эңкейип өөп коштошту, - Ооруба жаным, али жашсың, көрүшкөнчө кыздар, - деди да чыгып кетти, курсташтары дагы бир аз туруп анан кетишти, Айсалкындын жүрөгү элеп-желеп болуп жатты, негедир адаттан тыш лакылдап колундагысын алса эле туруп басып өзүнө тааныш жүздү издегиси келип жатты. Ошол учурда сестра кирип колундагыны алып:

- Жылуу жатыңыз, судрого болуп кетиши ыктымал, - деп кымтылап кайра чыгып кетти, жанатан кеткиси келип турган кыз эми былк этпей жатып калды, эмнеге экенин өзү дагы билбейт, туруп барып ошол жүрөгүнөн чыкпаган адамды көрмөйүнчө эч жака чыккысы келбей: "Кызык, мен аны сүйүп калдымбы, ал менден канча жаш улуу, жо-ок жөн эле ошондой сезимдир, кантип эле мен аны сүйүп калмак элем", - деп ойлонуп жатканда түшкү ашты алып келип калды, Айсалкын аны ичпейм деп койду, кыздар алып келген тамактар турган болчу, туруп андан ичти. Анан туруп коридорго чыгып узун коридордун башына барып кайра илкий атайын жай басып кайсы эшиктен чыга калаар экен деп жал-жал карап келе жатты. Бирок эч карааны көрүнбөдү, деми суй палатага келип жатып калды, дегеле эсинен чыгаар эмес, кээде гана ата-энесин ойлоп: "Мени күтүп жаткандыр", - деп ойлогону болбосо кайра эле тык этип бей тааныш адам көз алдына тартыла калганда жүрөгү зырп этип кетип ошол күндүн өтмөгү тозок болду. Кечки уколдорун алып бүтүп эми жатканы калганда эшик ачылып врач кирди:

- Кандай сулуу кыз? - Жылмая карады.

- Жакшы.

- Өзүңдү кандай сезип калдың?

- Жакшы элемин го.

- Колуңду берчи, - деп керебеттин кырына отуруп тамарын кармап көпкө-ө отурду да Айсалкынга аста карады, - Эмне көйгөйүң бар Айсалкын, тамырың негедир катуу согуп жатат, көп ойлонууга болбойт сага, жапжаш туруп мынчалык ооруну жабыштырып алгансың?

- Эч кандай деле санаам жок.

- Анда бирөөнү сүйүп калдыңбы? - Олуттуу карап жооп күттү.

- Жо-ок, - Көздөрүн алайта карап кызарып кетти.

- Кандай болсо дагы сага ойлонууга болбойт, жүрөгүң начар.

- Кантип, мурда эч ооруган эмесмин.

- Капыстан эмес, өзү жүрөктө бар.

- Кечиресиз...

- Мени Абаз Айталиевич десең болот, укол алдыңбы?

- Ооба.

- Тынч жата гой, эртең менен дагы келип көрөм, - деген Аваз Айталиевич акырын чыгып кетти, Айсалкын ойлуу жатканда Аманат кирди:

- Кандайсың?

- Жакшы...

- Аруукеден уктум, жакшыбы эми?

- Жакшы эле...

- Муну сага алып келдим эле, - деп тумбочканын үстүнө манты менен алмаларды койду, - Жакшы болуп кет.

- Рахмат.

- Эмнеңден дейт?

- Жүрөгүм...

- Көп ойлонуп жибергенсиң го?

- Эмнени ойломок элем?

- Текеберлигиңди.

- Аманат, башты оорутпачы.

- Деги эле текеберсиң, Аруукеге үйлөнгөнүмө өкүнгөндүрсүң? - Ырсая мыскылдай карады, - Албетте, сенин өкүнгөнүңдү түшүнүп турам.

- Эч качан өкүнгөн эмесмин, өкүнбөйм дагы.

- Аси, эми деле кеч эмес.

- Эмне-е?

- Менин Аруукеге көңүлүм жок, сенден өч алыш үчүн үйлөнүп алып...

- Эсиң менен болчу, бирөөнүн тагдыры сага оюнчукпу?

- Мен үчүн эч нерсеге арзыбайт!

- Кетип кал Аманат, мен ооруп турам, - Айсалкын жүзүн буруп кетти.

- Ойлон, мен сени сүйөм, өмүр бою сүйүп өтөм!

- Кет дейм! - дегенде Аманат кайсактай ырсалаңдап чыгып кетти, ал аны кайра ооруп калбасын деди, болбосо дагы көпкө турмак.

- Бул эмне жигитиң беле? - деди тиги келин.

- Жо-ок, жөн эле жабышып жүргөн неме да.

- Өө-өх, - деп алды тигил келин, - Анан туруп отурду, - Ушундайлардан мен дагы тажаганмын, атым Гүлайым, ата-энем жок, - Дагы үшкүрүп алды, - Тагамдын колунда чоңойдум, жашым отуз экиге келди...

- Күйөөгө чыктыңыз беле? - Айсалкын алаксымак болуп аны менен сүйлөшкүсү келе карап калды.

- Ооба, бирок бактым көп узабай эле кыйрады...

- Эмнеге?

- Азыр айтып берем, - деген Гүлайым муңайым көздөрүн Айсалкынга кадап көпкө отуруп сөзүн баштады, - Атам менен апам бири-бирин катуу сүйүп ата-энеси каршы болгонуна карабай үйлөнүшкөн экен. Мен төрөлгөндөн кийин дагы атамдын ата-энеси кабыл албаптыр, апам жашынан жүрөгүм ооручу экен, менин алты айлыгымда жүрөгү катуу кармап ооруп калып көз жумуптур, атам ыйлап жүрүп шаарга кетип мен таенемдин колунда калыптырмын... Ошентип алты айымда апамдан, бир жашка толо элегимде атамдан айрылдым, анын эмне болуп өлгөнүн билбедим, кийин таенем жалгыз кызынын кайгысынан ооруп калып бир тууганы Аскердин колуна барып ошол жерде көз жумуптур, мен ошондо үчкө чыгып чыга элек экенмин. Тагамдын төрт баласы бар эле, мен алардан кичүүмүн, эки кыз, эки уулунун улуусу Дуулат ошондо онунчу класста, эң кичүүсү Куматбек биринчи класста окуп калган экен. Гүлүйпа апам мени өз кызындай өстүрдү, Аскер өз атамдай...

Аскер колунда бар, элге кадыры бар адам эле, балдары дагы тартиптүү, кыздары ыймандуу болуп өсүп бара жатты. Жалгыз эжесинин небересинин кызын көз карегиндей карап өз оюу менен өстүрүп жатты, Гүлүйпа дагы жакшы аял эле, кенжесиндей көрүп багып жатты, эркелетип жанына ала жүрүп кайда болсо ээрчитип алат. Убакыт деген адамдын ар бир мүнөтүн уурдап билинбей өтүп Гүлайым суксурдаө суйсалган кыз болуп чоңоюп бара жатты, Кумат эң кичүүсү болуп Гүлайымды ойнотуп чогуу өскөндүктөн өтө жакын, анан калса бала күнүнөн жакшы көрчү. Ыйлаганын укса тура калып көтөрүп сооротуп, балдар менен ойноп жатканда ага бирөө сүйлөсө же колундагысын талашса эле аны түртүп талашканын жулуп алып Гүлайымга алып берип үйгө жетелеп баса берет. Ата-эне муну башкача элестете албайт эле, анткени өздөрү дагы мээримин төгүп балдарынан бөлө алгыстай жакшы көрөт, бир туугандык сезим деп кубанып жүрүштү. Дуулатбеги мектепти бүтүп эле физкультурный институтка тапшырып окуп калды, Канайымы тогузунчуга окуп, Эркайым жетиге, Куматбек бешке окуганда Гүлайым биринчиге барып калды. Ошондо өзүнүн сабагы бүтсө дагы кетпей күтүп туруп аны ээрчите келет, бир бала же кызды сүйлөтпөйт, негедир жанынын жартысы, эгизинин түгөйүндөй. Сабагын өзү үйрөтүп, аныкын даярдап болуп анан өзүнүкүн даярдачу. Бара-бара Гүлайым көздөрү бадырайып татынакай кыз болуп бара жатты. Анда дагы аны Куматбек өзү ээрчитип барып кайра алып келет, кийин чоңойгондо аны классташтары тамашалап койсо мушташып кетчү болду. Бирок Гүлайымдын боору бөлөктүгүн кылдыбы ага бир күнү минтти:

- Кумаш аке, мен эми чоңойдум го, өзүм эле барып келем, мен үчүн балдар менен урушпай эле койчу.

- Гүлү, - Аны баары ошентип аташчу, - Мен сени аябай жакшы көрөм да.

- Ооба, агасы карындашын жакшы көргөндөй.

- Ананчы, сага бирөө сүйлөсө өлтүрүп коем!

- Ой бала, андай жаман сөздү сүйлөбөй жүр! - деди Аскер.

- Анан эмне өздөрү тийишет, - деп Куматбек тултуя жер карады, ал Гүлайымдын көзүнчө: "Ал сенин карындашың эмес, багып алгансыңар да", - деген сөздү айтпай токтоп калды.

- Эмне деп тийишет? - деп сурады Гүлүйпа.

- Өздөрү эле...

- Айтпайсыңбы?

- Сенин карындашың эмес деп...

- Ким айтат ошону? - Аскер ачуулу карады, Гүлайым дагы көздөрүн бакырайта Кумашты карап калды.

- Сейит...

- Ат-таңдын ооз-зугурайын десе, ага өзүм барам, - деп Аскер жулуна сыртты көздөй жөнөгөндө:

- Аскер, сен эми жаш баланын сөзүнө теригип Сыртайдын эшигине барасыңбы? - деди Гүлүйпа аны ойлуу карап, Аскер тык токтоду: "Ырас эле, бакса багып алдык, анын эмнеси бар, андан көрө Гүлүгө чындыгын айтып түшүндүрүш керек го, быйыл бешке окуп калды, демек чоңойду", - деп ойлонуп отуруп калды. Гүлүйпа дагы ошентип ойлонуп балдары чогулганда кечки тамакта отурганда Аскер сөз баштады, чынында баары эле билет, бирок бири дагы айтышчу эмес эле, эми Гүлайымга түшүндүрмөк болушту:

- Гүлү , - деди Аскер оор дем ала кызга карап, - Менин бир тууган эжем бар эле, анын Толкунбү деген жалгыз кызы кичинесинен оорукчан болуп калган, жүрөгүнөн ооручу, бой жеткенде Толкунбү Мурат аттуу жигитке биз макул болбой койсок да болбой тийип кетти, анын ата-энеси кабыл албай шаарда жашар жүрүштү, анан сен төрөлдүң, Толкун төрөгөндөн кийин оорусу кармап ооруканага жатып калганда эжем сени алып келди, ошондо сен алты айдан өтүп калгансың, көп өтпөй Толкунбү көз жумуп кете берди. Мурат сага каралап бул жерде болуп калды, ал ата-энесине таарынып такыр барбай койгон, апаңдын кыркы өткөндөн кийин атаң шаарга кетти, келип кабар алып турам деген, анан эле сен бир жаштан өтүп калганда анын өлгөнүн уктук...

- Ата-а! - деп Гүлайым көзүнө жаш толо карады, башка сөз айта албады, - Апа...

- Садагам, - Гүлүйпа аны бооруна кысты, - Муну биз айтпасак башка бирөөлөр айтып сенин жүрөгүңдү оорутабы деп ойлодук, чындыкты билип алганың оң, биз сага өз балабыздай эле карайбыз, сени мына бул балдардан бөлбөйбүз садага.

- Сен өзүбүздүн эле кызыбызсың кызым, Канайым менен Эркайымдан кем көрбөйбүз, - деди Аскер дагы, Гүлайым үн дебей ыйлап отура берди, ал өзүнүн чындап эле жетимдигин ушул азып сезгендей жаш жүрөгү эзилип турду.

- Ата, апа Гүлүнү ыйлатпагылачы, - Кумат үңүрөйө карады.

- Ыйлатпайбыз балам, чындыкты айтпасак мындан дагы жаман кыйналат да уулум, элден укса ачык сурай албай ичинен сызат, андан көрө эми өзүн эркин сезип чындыгын билген соң бирөө айтса дагы тоготпой калат, - деди Аскер, ошентип Гүлайым жаштыгы менен коштошкондой болду, он үч, он төрт жашында токтоо тартып ойчул болуп кетти. Аңгыча Канайым турмушка чыкты, андан кийин Эркайым кетти, Кумат мектепти бүтүп аскерге кетип Гүлайым тогузга окуп калганда ага Адыл деген жигит ашыктык катын жазып артынан калбай, бура бастырбай калды. Аскер менен Гүлүйпа эле үйдө, мал-келин койчуларга кошуп ийишип эгин эгип, картошка айдап жүгөрү айдатат, эшигинин алдындагы эспарсетти эки кайталап чаап алып малына жыйып коюп кышында кыйналбай чыгышат. Колунда Гүлайым эле калган, ал бейчеки баспайт, өзү Асан деген бала менен кат аркылуу сүйлөшөт, бирок сыр билгизбей зымыраят. Гүлүйпа аны мээримдүү карап кээде сынап калат:

- Гүлү, окууну бүтсөң окууга барасыңбы?

- Жо-ок, сиздерди кыйнаганда эмне апа.

- Биз кыйналмак белек, окугуң келсе айт садага.

- Бир жылдай үйдө болом апа, мектепке сүйлөшүп берсеңер вожатый болуп иштеп турсам анан педучилищага тапшырсам оңой болот го?

- Макул, - Гүлүйпа ойлуу карады, - Бирөө жарым ала качып кетсечи? - Күлүп койду, - Кыз бала бой жетип көзгө көрүнсө эле элдин көзүндө болот кызым.

- Ала качпай калсын.

- Илгертен эле кызды ала качып кетмей бар кызым, орундуу жер болобу же жайсыз болобу билбейсиң, Канайым менен Эркайым эжеңдер деле отуруп калбадыбы.

- Кудай сактасын апа.

- Кокус сен тааныбаган...

- Апа-а, - Гүлайым эркелей карады, - Мен күйөөгө тийбейм.

- Кыз болгондон кийин эрге тиет, же сүйлөшкөнүң барбы?

- Жо-ок апа.

- Мейли, бирок атама айтпайсызбы?

- Айтпайм кызым.

- Апа.

- Оов.

- Садык дегенди билесизби?

- Кайсы?

- Кара-Кечүүдө жашайт экен го?

- Оо кокуй, ошонун баласыбы?

- Эмне жаманбы?

- Ал кишини өмүр бою уурулук менен жан сактайт дешет кызым, эки-үч жолу түрмөгө да барып келген ал.

- Баласы жакшы эле го?

- Жашында жакшы көрүнө берет кызым, өзүң жалгыз кыз болсоң, биз бөлбөгөн менен ала кушту атынан айт деп эл айтат, эл бөлөт кызым, барган жериң жакшы болсо биздин дагы көөнүбүз тынат, - Гүлүйпа дагы көп сөз айтты, чын ниети менен аны коргогусу келди, бирок жүрөк иши адам менен кеңешпейт эмеспи, жаштыгынын делөөрүткөн аруу сезими Асандан башканы көзүнө көрсөтпөдү. Онунчуну бүтүп калганда аны ала качмак болуп калганда классташтары менен Адыл алып калып үйүнө жеткиришти. Аскер менен Гүлүйпа аны үйдөн чыгарбай коюшту эле Асан ата-энеси менен туугандарын жөнөттү, бирок Аскер аны жолотподу, сүйлөтпөй дагы койду, Гүлайым ыйлап гана тим болду, Гүлүйпа:

- Атаңа айтайынбы кызым? - деди жанына отуруп.

- Жо-ок апа, атам теңсинбеген үй-бүлөөгө барып кайсы күндү көрмөк элем?

- Жүрөгүң кааласа кантебиз кызым, кийин өкүнүп каласыңбы дейм?

- Өкүнбөйм, менин камымды көргөн сиздердей ата-энем турганда бактылуумун апа, мага башканын кереги жок, - деп Гүлүйпага башын жөлөп алып көпкө ыйлады. Ошентип Асан күнү кечке анын артынан үйдү айланчыктап жүрүп жолуга албай, арага киши салса дагы Аскер болбой коюп арданып кетип үйүндөгүлөрдү кекетип шаарга кетип калды. Акыры жай өтүп күз келгенде Кумат келип калды, ал болгон окуяны угуп үйгө отура албай тынчы кетип жини келип жүрдү, Гүлайым суйкайып бой жеткен, ага сүйүүсү жөнүндө айтуу кыйынга турду, айта алмак да эмес. Көп өтпөй эле кайрадан Адыл деген жигит пайда болду, ал Гүлайымды бир көрүп сүйүп калып эле айласын таппай калган, анан анын классташы Анарбүгө барып ички сырын айтып кат жазып жолугушууга чакырды. Анарбү анын сөзүн кайтара албай Гүлайымга жөнөдү, ошол кезде Аскерге дагы андан мындан айттырып өздөрү жолугуп куда түшөөрүн айтып жатышкан. Гүлайым Анарбүнү көрүп кубанып кетти:

- Кел, кандайсың Анаш? - Эки кыз өбүшө учурашышты.

- Келдим, аябай зеригип кеттим.

- Жакшы болбодубу, мен деле зеригип отурганмын, - Экөө үйгө кирип орун алды, Гүлүйпа Анарбүнү жылмая карап учурашып ээн-эркин сүйлөшүп алсын дегендей сыртка чыгып кетти.

- Гүлү, мен сага бир сөз айтайынбы?

- Кое тур, азыр чай алып келейин, анан кенен сүйлөшөбүз, - Гүлмайрам чыгып дасторконун коюп чай алып келди.

- Чайды тим эле койчу эй.

- Жай отуруп кетсең.

- Гүлү.

- Айта бер, - Гүлайым курбусун күлүмсүрөй карап калды.

- Сага бир жигит ашык экен.

- Ки-им?

- Абыл деген, өзү шаардык болот, бул жерде тагасы бар экен.

- Ой кереги жок, эмитен эмне кылам?

- Асан келбей калдыбы?

- Ал бүттү, атамдарга жакпаса кантип бармак элем?

- Сен өзүңдү ойлобойсуңбу, алар эмес сен жашайсың да.

- Баары бир, мени ата-энем жаман болсун демек беле?

- Аның го туура дечи, бирок бир жагынан алса өздөрүнө дагы карашат да, алар менимче калың бере алышпайт, колдорунда жок дейт.

- Жо-ок, атам ошонусу үчүн жактырбайт, өздөрү жарыбаган немелер мени жыргатмак беле ойлосоң, атам менен апам келечегимди ойлонуп жатышат да,

- Сүйүүчү, жүрөгүң сүйгөн адамды жоктугу үчүн кечесиңби?

- Чынымды айтсам мен аны деле сүйбөсөм керек, бат эле унутуп калдым, эгерде чыныгы сүйүү болсо мен унута алат белем Анаш? - деди Гүлайым курбусун ойлуу карап, - Сен айтсаң, сүйүү унутулабы?

- Чын эле, чыныгы сүйүү унутулбайт.

- Мен да ошентип ойлоп калдым.

- Аа-а баса, - Анарбү чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагазды алып чыкты, - Муну Абыл берген, жок дегенде бир жолу жолугуп таанышып койсун дейт.

- Мен аны менен таанышуу үчүн өзүм барат бекенмин? - Гүлайым мурчуңдай катты ачып карап калды, анда мындай деп жазылган эле: "Саламатсызбы Гүлайым, сизге таанышууну балким мен сыяктуу миңдеген жигит калаар, бирок сизге кат аркылуу болсо дагы таанышууга жол ачылганы мен үчүн чоң бакыт болду, менин атым Абылбек, өзүм Фрунзе шаарынан болом, аскерден жаңы келип тагам чакырганынан келип сизди көрүп калып эсимден чыкпай койдуңуз, бетме-бет бир жолугушсак мен өзүмдү кандай бактылуу сезет элем. Мейли сиз мени сүйбөңүз, бир эле жолу жолугуп оозмо-ооз сүйлөшсөк деген тилегимди орундатаар белеңиз? Сизден сураныч, суроомду канааттандырып бир эле жолу жолугуп коюңузчу... Актанов Абылбек", - дептир.

- Эмне деп жазыптыр? - Анарбү курбусун карады.

- Өзүң оку, - Гүлайым катты сунду, Анарбү окуп чыгып.

- Катуу сүйгөн го? - деп күлүп койду.

- Анаш, мейли десем үмүттөндүрүп коем, бир гана жок деген жооп жакшыдыр, жообун сураса болбой койду деп кой, - деди Гүлайым, - Адамдын үмүтүн жалган жерден жандырууга болбос...

- Өзүң бил.

- Ооба, сен дагы капа болбо.

- Мен эмнеге капа болмок элем? - Анарбү күлүп койду.

- Деги да, курбумду капа кылып албайын дегеним да.

- Гүлү, киши келди, бери чыкчы! - деген Гүлүйпанын үнү чыкканда Гүлайым менен Анарбү экөө тең туруп чыга калды, - Залды даярдап төшөк сала кал кызым.

- Апа, кимдер экен?

- Конок кызым, конок келди.

- Аа-а, - Гүлайым ушинткени менен: "Ким болду экен, мынчалык күткөндөрүнө караганда абдан сыйлуу го, же дагы жуучубу?", - деп ойлогону менен залга төшөктөрүн салып Анарбүнү узатмак болуп сыртка чыгышты. Волгадан үч-төрт эркек аял түшүп үйдү көздөй келе жаткан экен, арасында жаш жигит да бар эле.

- Сага жуучу келген го? - деп шыбырай калды Анарбү.

- Койсоңчу, жөн эле конок го?

- Билбейм, - Анарбү кыт-кыт күлө оозун басып алды, - Тигил жигит көркөмдүү экен.

- Болдучу, - Гүлайым аны жеңинен тартып кагып койду, - Анын көркөмү кимге?

- Макул-макул, жакшы кал анда, мен кеттим, - Анарбү колун сунду.

- Жакшы бар, келип тур ээ?

- Өзүң деле барсаң.

- Мени үйдөн чыгарбай жатышпайбы.

- Макул анда, мен дагы келем, жаңылык угайын, - Жылмая караган Анарбү жолго түштү, Гүлайым кайрылып үйгө киргиси келбей эшиктин алдына туруп калганда:

- Үйгө кир кызым, сенин туугандарың келди, - деп калды Гүлүйпа.

- Эмне дейсиз?

- Атаңдын бир туугандары.

- Алардын мага кереги жок апа, - Гүлайым терс бурулду.

- Кой Гүлү, антпе садага, алар атайын сени издеп келишиптир.

- Издебесе койсун, атам менен апама жакшылык кылбаган немелерди көргүм дагы келбейт! - Дарбаза жакка басып бара жатты, Гүлүйпа үндөбөй босогодо туруп кайра кирип кетти, Гүлайым ыйлап турганда Куматбек келип калды:

- Эмне болду сага? - Үйрүлө карады.

- Эчтеке, - Гүлайым жер карап көз жашын аарчыды.

- Апам бирдеме дедиби?

- Жок дейм, апам эмне демек эле? - Жүзүн бура дарбазадан чыкмак болду.

- Чыкпа, эми эле бирөө менен мушташа кеттим, сени аңдып жүрүшөт.

- Ки-им? - Гүлайым токтой калып ага карады.

- Ким экенин билбейм, москвич менен турушуптур.

- Жөн эле тургандыр да.

- Жо-ок, сени аңдыгандар, бас үйгө! - деди да колунан ала жетелеп келе жатканда Аскер чыга калды, ал экөөнүн жетелешип алганын көрүп селдээ түштү.

- Эмне болду силерге?

- Ата, кызыңды бирөөлөр аңдып жүрөт, бул болсо жолго бара жатат.

- Аа-а, - деп көңүлү тына түштү Аскердин, ал дароо эле: "Булар балакет басып бири-бирин жактырып калганбы", - деген ойго такала түшкөн болчу, - Бойго жеткен кызы бар үйгө келе берет балам, - Аскер Гүлайымга кайрылды, - Кызым, экөөбүз сүйлөшөлүчү, - деп ага келип короо жакка басты, Куматбек үйгө кирип кетти, - Кызым, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген, сени биз өз балабыздай көрөбүз, бирок сени өз туугандарыңдан бөлүүгө акыбыз жок.

- Жок ата, мен аларды көргүм келбейт.

- Антпе кызым, алар дагы алыстан келди, бир кездеги каталыгы үчүн кечирим сурап сени чоң ата, чоң энең көргүлөрү келишет экен, алар карып калышыптыр.

- Карыса кайры берсин!

- Кой кызым, сен алардын баласынан калган табериксиң, өткөнгө абдан өкүнөт дейт, Мураттын эки агасы аялы менен карындашы болуп келишиптир.

- Баары бир, ата-энемди тирүүсүндө сыйлабаган немелерди көргүм келбейт ата, менин баарым силерсиңер, алар убара болушпасын! - деп басып кетип калды. Тураттар анын бул кылганын көпчүлүк эле балдардын мүнөзү катары карап унчукпай кетип калышты, Аскердин союш соеюн дегенине болушкан жок, өздөрү Гүлайымга деп бир сыйра кийим-кече менен акча алып союш союп бышырып, таттуу тарапаны боорсок менен мол алып Аскер менен Гүлүйрага дагы бир сыйра адеми кийит алып келген эле. Аларга Гүлүйпа кайра кийит кийгизмек болду эле болушпады, кеткенден кийин Гүлайымга:

- Кызым, туура эмес иш кылдың, карыган немелер көргүсү келген экен, - деди Аскер.

- Болбосо кыстабагыла да, - деди Куматбек.

- Ой бала, улуу киши сүйлөп жатканда бөлбөй жүр да, эми жашсыңбы? - Гүлүйпа уулуна ачуулу карады.

- Анан эмнеге эле кыстайсыңар?

- Кыстаганыбыз жок, жаңылбаган ким бар экен, каталыгын оңдоонун айбы жок, аларды эми кеп кылбай эле коюңуздарчы.

- Мына, айтпадым беле? - деп күлдү Куматбек, - Кереги жок дегенден кийин кереги жок.

- Мейли кызым, акыл өзүңдөн, - деп Аскер унчукпай калды. Ошондон көп өтпөй эле Дуулатбек кат жазып ийиптир, үч күндөн кийин келин алып барам деп, шашыла даярданып эле калышты, ошол учурда кайрадан Адыл пайда болуп бирөөнү жалдап ала качмак болуп жүргөнүе Куматка коңшусу айтты эле ал саксактап туруп күүгүм кире унаанын жанына эки жолдош баласын ээрчитип барды да Адылды жакадан алды:

- Бул жерге экинчи келгениңди көрсөм таарынба? - деди.

- Эмне, Гүлайымды эрге бербей өзүң аласыңбы? - деп жиберди ызаланган Адыл.

- Ыя, сен эмне дедиң, карындашын алганды кайдан көрдүң эле? - деп Кумат аны жиндене муунта баштады, - Кана дагы айтчы?

- Ал сенин карындашың эмес экенин билем, эч кимиң дагы эмес!

- Эмне, сен эмне деп былжырап жатасың? - Кое берип туруп кулак түпкө бир койду, - Кайталачы, ал менин кимим экен?

- Жээниңердин кызы, ошону үчүн кызганып жатасың, мен Гүлайымды сүйөм! - деп Адыл дагы тилин тартпай сүйлөп жатканда анын жанындагылар менен Куматбектин жолдош балдары мушташып кирди, ошондо жолдон өтүп бара жаткан ак сакалдуу карыя чыга калып:

- Балдар, талашыңар эмне, токтоткула урушуңарды! - деп таягын көтөргөндө баары селдээ туруп калышты, - Уят эмеспи, тур жолуңарга түшкүлө!

- Кечириңиз ата, - деди бири, Адылдар унаасына отуруп жөнөй беришти, Кумат достору менен үйүн көздөй келе жатканда эки унаа чаң ызгыта катуу келип алардын дарбазасынан зуулдай кирип кетишти, ал жүгүрүп кирди, чогулган эл чурулдап эле:

- Келин келди!

- Келинди тоскула!

- Чачыла кана? - дешип эле чурулдап калышты. Ошентип Дуулатбек үйлөнүп эле кайра кетип калды, үч кана күн турду, келини тастаңдаган неме экен, дароо эле кетебиз деп туруп алды, бир жагы экөө тең окугандыктан Аскер менен Гүлүйпа болгонун берип жөнөтүштү, Алинанын ата-энеси колунда жок болгондуктан эчтекесин бере албады, болгону Аскер берген ачуу басарды алып көшөгө дагы берген жок. Гүлүйпа ойлонуп отуруп Куматка кайрылды:

- Балам, аял алат деп эле жылтыраган өңүнө карабай жерге жээгине карап алган жакшы, - Оор дем алып үшкүрүп алды, - Дуулатты кара, кандай аял алганын, бул түрүнө караганда атаң экөөбүз өлсөк келтирбейт го сыягы?

- Туура байбиче, бир жылуу чай ичишээр немелер эмес экен, - деди Аскер.

- Койгулачы, өзү сүйүп алса эмне кылат элек? - Куматбек күлүп кол шилтеди.

- Сүйүү силерге ата-эне, бир боор болуп береби? - Аскер уулун ачуулу карады.

- Атаңгөрүңү десең, - Гүлүйпа шыпшынып алды, - Кайдан аа-а, эми сен дурусураак жерден аял ал балам, кудалар менен бир чай ичише турган бололу.

- Кыздарыңардын кайын журту жагабы? - Куматбек ата-энесин мулуңдай карады, - Ошолор менен чай ичишип жатасыңар го?

- Ал башка, алар дагы биздин кула сөөк, айрыкча баланыкы жакшы болгону өзүңөргө дагы жакшы балам, катын албай кайын ал дейт, ачуу басарга барган Докен акеңдер айтып келсе уялдым, түзүгүрөөк салган төшөгү жок дейт, карандай чай менен узатыптыр, келгенден кийин костюм шымды өзүбүз кийгиздик, - деп Аскер терең дем алып жамбаштай кетти, - САга кызды өзүм таап алып берем!

- Мен үйлөнбөйм!

- Эмнеге? - Гүлүйпа чоочуй карады.

- Жөн эле, азыр үйлөнбөйм.

- Эми азыр эле эмес дечи, Гүлүгө дагы жакшы жерден куда түшкөнү жатат, экөөңөрдү өз ордуңарга тургузуп койсок анан биз дагы эс ала түшүп көөнүбүз тынып калат эле, - деп Гүлүйпа үшкүрө карады, - Колумдан келсе... - деп келе жатканда Куматбек апасын жалт карап:

- Кимди ойлоп жүрөсүз? - деп жиберди, оюнда Гүлайымды эле алып берип коелу деп айтабы деп кубанып кеткен эле.

- Колуман келсе өзүмө жаккан бир кыз бар.

- Ким апа? - Кумат апасына жакындап келип ашыга карады.

- Наргизачы? - дегенде башы шылк эте түштү, аны байкаган Аскер:

- Оюңда бирөө барбы балам, же сүйлөшкөн кызыңды апаң билеби? - деди күлүңдөй.

- Жок-жок ата, - Куматбек көзүн ала качты.

- Анда апаң айткан кызчы?

- Кереги жок, - деп чай куюп отурган Гүлайымды көзүнүн кыйыгы менен карап койду, - Мен азыр үйлөнбөйм дедим го?

- Быйыл эмес, келерки күздө.

- Ага чейин көрөбүз да.

- Ошондо дагы кеңешип иш кыл.

- Макул, - деген Кумат ордунан туруп кетти, анын жүрөгү каалаганы жанында экенин кантип айтат, анын үстүнө Гүлайымды аяйт, ата-энесинин жогуна өкүнүп жүргөн кызды капа кылабы, өзү дагы бир тууган агасы катары көрөт, ошондуктан ага жакындап оюн, сезимин айткандан коркот, тартынат өзү дагы, айтпай коеюн десе бала кезинен келе жаткан аруу сезими күнү-түнү жанын кыйнап түнү уйкусу келбей, күндүзү жанын жеген ой аны алсыратып бара жатты. Гүлайым эч нерседен капарсыз, бирге өсүп бирге чоңойгон бир тууган агасы катары көрөт, кээде күлүп тамашалап калса кызарып кетет. Кумат бир сырын же досторуна айта албайт, же ата-энесине айта албай кыйналып жүргөндө алардын үйүнө Гүлайымдын агалары дагы келип калды, бул жолу карыларды ала келишкен экен, алар унаадан түшкөндө Гүлайым сыртта жүргөн, өткөндө көргөн Турат менен Канаттарды көрүп үй айланып басып бара жатканда балдары шыбырай койду эле:

- Садагаң кетейин, каралдымдын белеги, качпа каралды-ым! - деп Күмүш алдыга жүткүнө берип эки колун сунду, - Токто кызым, бизди кечир!

- Келиңиздер, - деп Аскер ары жактан басып келип учурашты, - Үйгө кириңиздер!

- Жакшы жатасыздарбы? - деди Турат.

- Жакшысыздарбы?

- Жакшы жатасыңарбы айланайын? - деди Күмүш.

- Кудайга шүгүр, үйгө кириңиздер, - Үйдү көздөй баштап келе жатканда Гүлүйпа чыга калды, ала аларды маанайы жаркылдай тосуп алды, баары кирип жайланышкандан кийин Тенти:

- Аскер, - деди каңырыгы түтөп, - Бизден каталык кетти, уулубуздун өлүмүнө өзүбүз күнөөлүү болуп калдык, ушул неберебизди алда качан издесек болмок, силердин аты жөнүңөрдү, келиндин апасын сурап билбегендиктен таба албай жүрдүк, Муратка тиешелүүнү бери небереме берели деп чечтик, акыры издесе табылат экен таптык.

- Айланайын Аскер, - Күмүш ыйлап отурду, - Бизди кечир айланайын, кызымды боорума кысып алайын чакырып койчу садага, - Эмшиңдей карады.

- Жарыктык, - Аскер күлгөн болду, - Кечиримди бизден эмес бей күнөө өтүп кеткен уул-келиниңердин арбагынан сурагыла.

- Ошентсе дагы кызды өз балаңдай кылып силер багып жатпайсыңарбы, - деди Канат.

- Гүлүйпа, Гүлүн чакырчы.

- Болбой жатат капырай, сүйрөп киремби?

- Мен чыгайын, - деди сексенге таяп калганы менен бир топ күүлүү Күмүш.

- Мен кошо чыгайын апа, - деп улуу келини Сайра кайненесин колтуктап тургузуп сыртка алып чыкты, тамдын артында Кумат менен сүйлөшүп ыйлап отурган Гүлайымга басып барышты, кыз ары карап кетти:

- Кыз-зым, мени кечир садагаң! - деп Күмүш кучак жайып барып кучактамак болду эле Гүлайым, ары жылып кетти, умтулган кемпир жыгылып кетээрде Сайра кармап калды.

- Гүлайым, карыны суутпа садага, - деди Сайра анан.

- Кетип калгылачы, силерди уккум келбейт!

- Кой каралдым, сени издеп келбегенге таарынып жатасың го? - деп Күмүш айтканда Гүлайым бери карады, көздөрүндө ыза менен кек жаткан эле, көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп турган.

- Эмне, таарынып дейсизби, сиз кимсиз мен таарынгандай? - деди жаштуу көздөрү күлкү чайыла, бул күлкү эмес ыза болчу.

- Чоң энеңмин садага.

- Чоң эне-е?! - Гүлайым акырын күлүп жиберди, - Өз баласын кадырлай албай, алган жарын кемсинтип катарга кошпой койгон эне мага келип чоң эне боло алабы? - Кыжырлуу тиштенди,- Бекер келгенсиңер, менин бир гана ата-энем тапшырып кеткен кымбат адамдарым бар, ал мени тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай багып отурган ата-энем!

- Мейли-мейли, алардан айрыбайм, жөн гана өз туугандарыңды таанып ал!

- Менде тууган жок, мына менин бир туугандарым!

- Кызым.

- Жолобоңуз мага!

- Садагам, бир жыттатып койчу.

- Жолобоңуз мага, менин силердей тууганым жок! - деп бурулуп бара жатканда:

- Гүлү! - деп Аскер келип калды, - Токто кызым.

- Ата, буларга мени жакындатпаңызчы.

- Токто кызым, мени тыңша, - деп жанына барып бооруна кысып төбөсүнөн жыттады, - Биз сени улууга каяша айт деп өстүрдүкпү кызым?

- Жок ата, мени кечириңизчи.

- Алтын кызым менин, кары кишини суутканың болбойт кызым, кана чоң энең менен учурашып кой, - дегенде жер карап солуктап жатты, - Эрке кызым го менин, минтпей жүр, жер жүзүндө пенделер арасында жаңылбаган эч ким болбойт, бир кездеги жаңылыштыктын күбөсү сенсиң, сен чоң ата, чоң энеңди кечиришиң керек.

- Жо-ок ата!

- Болот кызым, кана бар, бара гой, - деп жылмая башын ийкегенде Күмүш өзү келип кучактап калды.

- Каралдым, көзүмдүн чечекейи, Муратымдан калган белегим! - Карынын көзүнүн жашы куюлуп жатты, - Берекем, алланын барына шүгүр! - деп сүйлөнүп жатты, Гүлайым аны түртүп басып кеткиси келди, бирок атасынан тартынып унчукпай тура берди, аларды Сайра коштой үйгө алып жөнөдү, Гүлайым унчуга албай кирип бара жатты, кирип барышканда Тенти тура калып:

- Оо жараткан, ушунуңа шүгүр, - деп келип калдая кучактап калды, - Садагаң кетейин берекем, алланын ушунусуна миң мертебе ыраазымын! - деп солкулдап турду, андан кийин Турат менен Канат, алардын аялдары келип өөп учурашышты, бул жолу дагы куру келишкен эмес, Аскер кой соеюн дегенде Тенти:

- Биз ансыз дагы карыздарбыз, ушул кичинекейибизди колубузга аман соо тапшырганыңар үчүн ыраазыбыз, - деди көз жашын аарчып.

- Мен сиздер менен эч жакка барбайм! - деп Гүлайым апасы менен атасын алаңдай карады, ал ушул азыр эле алып кетчүдөй туюлуп кетти.

- Сени азыр алып кетишпейт кызым, - деди Аскер күлүп.

- Барбасаң да аман бол кызым, бар экенибизди билип алсаң болду, - Күмүш үшкүрүп алды, - Арбактын бар экени чын болсо сени колдоп жүрүшсүн.

- Аман бол кызым, ушуга дагы каниет, - Тенти баш ийкеди.

- Сиздерге рахмат Аскер аке, - деди Турат, - Гүлайымды өз балдарыңыздан кем кылбай багыпсыз, ыраазыбыз сизге!

- Эчтеке эмес, жээним Толкунбү жалгыз жээним эле, көз алдымда өскөн, Мурат дагы жакшы жигит эле, кызына келип турам деп кетип дайынсыз болду.

- Каралдым ай! - деп алды Күмүш, бирок дал ошондогу уулунун барганы көз алдына келип телмирип отуруп калды... Ошондо күүгүмдө шашылыш кирип келген уулун көрүп көзүн алайта карап жүзүн буруп кеткенде:

- Апа, мени дагы эле кечирбедиңби? - деди Мурат.

- Кечире турган ишпи? - Кекете карады.

- Апа, эми силер жаман көргөн Толкун өлдү, мен силерге кеңешкени келсе...

- Эмнени, аялыңды кеңешпей алып эми эмнени кеңешмек элең?

- кызым калды, жалгыз карыган кемпир бага алабы, макул десеңер кызымды алып келсемби дегенмин, - деп башын кашылай туруп калды.

- Ыя, сен эми ошол сенин башыңды айлантып алган жүзүкаранын тууган баласын алып келмексиңби? - деп колунун сөөмөйүн көтөрө жакын келди, - Мен тирүү турганда ошол шуркуянын тууган баласын үйгө келтирбейм!

- Болуптур апа, - деген Мурат көзүнө жаш кылгыра апасын тике карады, - Эми менин дагы караанымды көрбөйсүңөр! - деди да чыгып кетти, эчтекеден шек санабаган алар эртеси гана уулунун сөөгүн табышты...

- Күмүш.

- Апа, кеттикпи, - дегенде чоочуп кетти:

- Кокуй эмне болду?

- Эчтеке, кетпейлиби апа, - деди Сайра.

- Ийи, - деп эсине келип өйдө болду, ал абдан өкүнүп турду, Гүлайым мисирейип алар менен кошо унаага чейин барды, баары аны өөп анан унаага отуруп жөнөп кетишти, Аскер алар кеткенден кийин унчукпай көпкө отурду, чымын учса угула турган болуп эч кимиси үн чыгарбады, тымтырс болуп отурганда:

- Ата, Гүлүнү алып кетебиз дештиби? - деп Куматбек сөз баштады.

- Алып кетебиз деп айта албайт да уулум.

- Ооз ачып көрүшпөйбү, - деди Гүлүйпа, - Ошолор жакшы болгондо Гүлү бизге келмек беле?

- Болду байбиче, - деди Аскер аялын тыйып, - Түтөп турган отко май чачпай.

- Чындык ушул эмеспи, баласынын кадырын өлгөндөн кийин билбесе койсун, эми Гүлүгө байлык берет имиш, биз эмне карабай коюптурбузбу, алардын бергенине кызым муктаж эмес! - Гүлүйпа чындап жини келип айтып турду.

- Кыздар менен балдарга жетет өзүбүздүкү деле, болгону жакшы бүлөөлөргө жолукса деп жатпайбызбы.

- Ата, - деди Гүлайым экөөнө карап, - Мен шаарга иштеп келбейинби?

- Кызым, эмнеге иштейсиң? - Аскер көңүл бура карады.

- Соода кылам.

- Эмне бар шаарга? - деп Кумат ортодон чыкты, - Шаарга баргандар эле жыргап кетиптирби?

- Сен жөн турчу балам, Гүлү өзү айтсын, - деди Аскер, - Соода кылсам дейсиңби?

- Ооба, баары эле иштеп жатышат го? - Гүлайым жер карай сүйлөдү.

- Мейли, - Гүлүйпа сөзгө аралашты, - Үйдөн чыкпай тажап да кетти, барсаң барып Калийпаныкына жүрүп шаар көрүп кайра кел кызым.

- Туура, эки жакты көрүп кел, жазда окууга барсаң кыйналбайсың, жанагы тил боюнча курстарга окуп да ал, - деди Аскер.

- Рахмат ата.

- Ата, анда мен деле Гүлү менен барайын, көз болом да, окуса иштеп акча таап үч айлык курстарды параллел бүтүп келет.

- Сен азыр үйгө керексиң, мал келет балам, - деп койду Аскер, - Кызым өзү эле таежесиникине барып жүрүп окуйт, акчаны кенен-кесир беребиз.

- Кызыңарды бирөөлөр алып кетсечи? - деп Кумат күлүп калды.

- Шаардын кайсы жеринен тапмак эле, чоң эмеспи борбор, - деди Гүлүйпа, ошону менен сөз бүтүп баары унчукпай калышты. Аскер кечээги Тентилер алып келген, миң долларды бүт бермек болуп жатты, Гүлүйпа болсо союш сойдуруп сиңдисинике куру жөнөтпөй эт менен сары май, чаначтагы сүзмөдөн кылып даярдап, Гүлайым кийимдерин даярдап кеткени камынып эртеси эле Калыйпанын дарегин таксиге берип дайындап салып ийишти. Ээх, шаардын керемети кандай гана сонун, алтымыш-жетимишинчи жылдарда башкача эле, бирок азыркы кезде көчөлөрүндө таштандылар көбөйүп, базар менен кадам баскан жериңден кайыр сурагандарды көрөсүң, кичине жел болсо кытайдын салафандары учуп кээде бутуңа илээшет. Гүлайым келген күнү үйдө болду, Калыйпа кубанып эже жездесин сурап коноктоп отурду, Мирлан, Эрлан эки уулу, Саида аттуу жалгыз кызы бар, улуусу Мирлан үйлөнүп өзүнчө кеткен, Эрланы аскерден Алтернатива менен калып ай сайын төлөмүн төлөп турушат, Саида Гүлайым менен тең, ал келээри менен эле аны менен сүйлөшүп бир бөлмөдө болуп бирде күлүп бирде унчукпай калып жатты.

- Шаарга биринчи келишиңби? - деди Саида көптөн кийин.

- Ооба, жаңы эле келдим да.

- Окууга тапшырган жоксуңбу?

- Келээрки жылы кирем.

- Эмнеге быйыл эмес?

- Корктум.

- Эмнеден?

- Шаарга келбегендиктен го.

- Аа-а, чын эле.

- Сен окуп жатасыңбы?

- Жо-ок, мен ырчы болгум келет.

- Ал үчүн деле окуу керек го?

- Мен мындай эле ырдайм, - Саида күлүп койду.

- Андайларды угуп жүрөм.

- Сен кайсыга тапшырайын деп жатасың?

- Мединститутка.

- Оо сенин окууң жакшы беле?

- Алтын медалга бир сабактан жетпей калганмын.

- Жакшы окуйт турбайсыңбы, эми эмнеге келдиң анда?

- Англис тили менен орус тилинен курска окуюн дегенмин.

- Чын элеби? - Саида ага таңгала карады, өзүнүн окууга таптакыр шыгы жок болчу, ата-энеси эркелетип каалаганын аткарганга окуюн деген ою деле жок, кийим-кечеге, жалтыракка жакын, оюн-зоокту сүйгөн адаты бар.

- Ооба, тил билип алсаң жакшы да, окууга тапшырсам дагы кыйналбайм.

- Туура, - деп койду Саида, - Орусчаны мектептен окуткан жок беле?

- Анча-мынча билем, толук курсун окусам баарына жетишем да.

- Азамат экенсиң, эгерде кааласаң өзүм шаарды бүт көрсөтөм, курстарга барабыз, кандай курска болсо деле кириш үчүн акчаң болсо эле болду.

- Акча бар, аа-а баса акчамды таежеме каттырып коеюнчу, - деп Гүлайым акчасын сумкасынан алып Калыйпага берип керегин алып салып алды, ал күнү жатып уктап калды, бала болуп үйдөн алыс чыкканы ушул эле, оңкулдап көнө албай чоочун үйдө уктай албай кеч уктаган, эртең менен аларды Калыйпа өзү ойготту, саат тогуз болуп калыптыр. Таңкы чайын ичишкенден кийин кийинип жөнөөрдө Саида кошо чыкты, экөө чыгып шаар кыдырып келип гезит алышып, үч айлык, бир айлык курстарды таап телефон чалып көрүп Гүлайым үчүнчү эле күнү англистин үч айлык курсуна акысын төлөп жазылып саатын көрдү анан андан бошогондон кийинки саатын карап корей тилин бекер окуткан жерди таап ага кирип, анан ошолор менен катар эле орус тилин окуганга аракет кылып эртең менен чыгып кечинде келет, орус тилин бир айга жетпей эле үйрөнүп алып эми түрк тилин окууга кирди. Англис тилин үйрөнүү курсунан Адилет деген жигит ага ач кенедей эле жабышып туруп алды, сабактан чыккандан кийин кафеге чакырат, ага анын убактысы жок экенин айтса дагы болбойт. Кийин анын бир курстан чыгып бирине барып окуп жүргөнүн билип калып ого бетер асылды да калды, Гүлайым кээде түштөнүүгө убактысы келбей шашылып биринен бирине жетип барчу.

- Гүлайым, - деди бир күнү Адилет, - Эмнеге мынчалык өзүңдү кыйнайсың?

- Эмне болуптур?

- Бир күндө үч жерге жетишем деп жүгүрөсүң, кийин деле убакыт жетет го?

- Адилет, адам өмүрү кыска, - деди Гүлайым ойлуу, - Көз ачып жумгуча өмүр деген зымырык кушча өтүп кетет, жетишпей калып арман кылганча үлгүрүү керек, - Күлүп койду, - Ошондо дагы кудайым өмүр берсе, жаштын тилегин берет дешет го?

- Мунуңа кошулам дечи, - Адилет күлө карады, - Окуу деп жүрө берсек жаштыктын кайталангыс мүнөттөрүн байкабай өткөрүп жиберебиз го?

- Адам алдына максат коюп тилек кылса, баары орундалса ошондон өткөн бакыт барбы? - деди Гүлайым.

- Макул, бирок мен сени сүйөм Гүлайым.

- Ой, мен кечигип калам, эртеңге чейин, - деген Гүлайым унаага жүгүрүп түшүп кетип калды, Адилет турган ордунда катып калды: "Жоопсуз сүйүү, аялдардан академик, профессорлор чыгып жатат, бирок келип эле кара казанды байырлайт эмеспи, мынчалык текебер болуунун кереги не, сүйбөсө сүйбөйм деп койбойбу, көрөм карьера деп жүрүп өз бактысынан куру калган аялдар да бар, сен жөн эле Каныкей менен Айчүрөк болуп кетсең дагы", - деп ойлонуп туруп анан өз жолуна түштү. Гүлайым үч ай бүтүп англисти бүтүп колуна сертифатты алды да айыга ата-энесине жөнөдү. Кумат ал жок кабагы салыңкы болуп үйдөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй атасына жардам берип жүрүп бир күнү түш көрдү, түшүндө Гүлайым экөө кол кармашып жүгүрүп бара жатыптыр, гүлдүү талаа, жапжашыл адырлар, Гүлайым улам колун тартып алып алдыга карай качып жөнөйт, ага жетип эми колунан алаарда ал кайра качат, өзү кадимки өңүндөгүдөй бажырая карап: "Сиз мага жете албайсыз аке, мен алыска-алыска чуркай алам, кана жетиңизчи, жете албайсыз", - деп кыткылыктап бара жатканда жетем деп колун суна мүдүрүлүп кетип ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап оозу кургап каны катып кадимки жүгүрүп келгендей демигип калыптыр, өйдө болуп терин аарчып "өх", - деп алып саатын караса түнкү үч болуптур: "Эмне кылып жүрөт болду экен, кеткен бойдон бир келбей койду, балким ээн-эркин болуп жигиттер менен сүйлөшүп жүргөндүр, ал башкага кетип калса мен кантем, ансыз менин күнүм түнгө айланат го, кантип анын башка менен жашаганын көрүп чыдайм, атамдарга ачык эле айтсам бекен, жакын деле эмес го, анын апасы жээн экен атама, ал такыр эле алыс болуп калат да, тиги чоң атасыныкына кетсе барып ошол жактан ала качып алат элем, бирок ал мени сүйбөсөчү, анда канттим, өзүнүн азап тартып жүргөнү аз келгенсип мен дагы азапка саламбы", - деп ойлонуп андан кийин уктаган жок. Аскер баягыда экөөнүн кол кармашканын көргөндө бир чоочуган: "Бул экөө бири-бирин жактырып калганбы", - деп, эми баласынын Гүлайым кеткенден берки сабыры сузданып кеткенин ойлонуп бир күнү:

- Байбиче, сен эчтеке байкаган жок белең? - деди Гүлүйпага карап.

- Эмнени байкамак элем?

- Балаң менен Гүлү бири-бирин жактырбайбы?

- Койчу? - Гүлүйпа чоочуп кетти, - Кайдагыны айтасың?

- Гүлү кеткенден бери балаңдын кабагы ачылбады го.

- Кой, андай болбой эле койсун, - дегени менен Гүлүйпа дагы ойлонуп калды, бирок экөө тең ошондой боло турган болсо каршы эмес экендиги байкалып турду, бири-бирине айтпады, жөн гана купуя ичтеринен ойлоп койгон. Бүгүн эртең мененки чайга отурганда Кумат ата-энесине бурула:

- Ата, мен Гүлүдөн кабар алып келбейинби? - деди.

- Келет да, үй ай болду, келип калаар, - деп койду Аскер, ал баласынан дагы кандай сөз чыгаар экен деп күттү.

- Келсе эмдигиче келет эле го?

- Капырай, Калыйпанын үйүнүн телефонун билесиң го, почтого барып сурап келсең, - деди Гүлүйпа.

- Чын эле сурап билейин, - деп койду Кумат сыр бербей. Ошол күнү түш оой Гүлайым келип калды, жүзүндө кубаныч, ата-энеси менен кучакташып учурашты:

- Сагынып кеттим ата, апа аябай сагындым! - Экөөнү кучактап көзүнө жаш алып жиберди.

- Өзүң кандай кызым, кыйналбай эле жүрдүңбү? - деп сурады Аскер.

- Арыктап кетипсиң да, тамактан тартылдыңбы кызым? - Гүлүйпа кабатырлана карады, - Өңүңдөн аябай азып кетипсиң.

- Ачка деле болгон жокмун, - Көздөрүн ирмегилей өзүн карап турган Куматты көрүп жүрөгү "зырп" этип алды, анткени анын көздөрүнөн мурда такыр байкабаган сыр жатканын көрүп өзү дагы аны өз агасындай көргөндүктөн ага жетти, - Кумат аке кандайсыз?

- Кел, жаман жоголдуң го, сейилдөөң кандай өттү? - деп жылмайды ал, экөө саамга кучакташып турду, анан Кумат кызды акырын бетинен өптү, - Кандай барып келдиң?

- Жакшы, - Толкунданган Гүлайым сумкасынан сертифатты алып көрсөттү, - Мен эми тилмек болуп иштесем болот.

- Оо кызым азамат, кана-кана? - Аскер кагазды алып окуп Тентиева Гүлайым Муратбековна дегенди окуп негедир кызганып кетти, ушул азыр гана аны өз баласы эмес экенин толук мойнуна алгандай болуп өзүн кызыктай сезип сертификатты кармаган бойдон туруп калды эле:

- Келе, мен деле көрөйүнчү, - деп Гүлүйпа анын колунан алды, андан Кумат алып окуп көпкө үн катпай калышты, бир топтон кийин томсоро ар кимисин карап отуруп калган Гүлайымды көргөн Аскер:

- Куттуктайм кызым, кел келегой эркетайым, - дегенде гана: "Эмнеге мени куттукташпайт, окуп келгеним жакпай калдыбы, балким окуудан көрө күйөөгө тийбейби деп ойлоп жатышабы", - деп ойлоп калган Гүлайым жадырай сүйүнүп атасына кадимкисиндей эле эркелей кучак жая келип кучактап калды, көзүнөн жашы куюлганы араң турган эле.

- Ата, алтыным атакем, менин окуганым силерге жакпай калдыбы, - деп корктум, үч айда үч тил үйрөндүм ата, апа түрк тилин, корей тилин дагы үйрөнүп келдим, мектепте жакшы окуганым үчүн бат эле өздөштүрдүм, - деп ыйлап сүйлөп жатканда:

- Кантет, жаман кыз, кантип жакпай калсын? - Аскер аны чачынан чылап төбө чачынан жыттап, көзүнүн жашын аарчып жүзүн өзүнө каратты, - Сенин жетишкендигиң биздин мактанычыбыз да кызым, - Күлүмсүрөй карады.

- Садагаң кетейин десе, кудай зоболоңду бийик көтөрүп ишиң илгерилеп багың ачылсын, - деп Гүлайым дагы келип кучактап өөп, андан кийин Кумат куттуктады, бабырашып анан көпкө отурушту, Калыйпанын үй-бүлөөсүн сурашты, анан тамак алдыга келип төртөө бирге отуруп тамактанышты, анан жат-жатка келип өз-өз бөлмөлөрүнө киришти. Аскер көпкө ооналактап уктай албай жатып:

- Гүлүйпа, - деди бир оокумда.

- Эмне, уйкуң келбей жатабы?

- Гүлүнүн өз балам эмес экенин бүгүн сезгендей болдум.

- Эмнеге?

- Күбөлүгү өз атасында эмеспи.

- Ооба, аны эмне кылат элең?

- Ошо, өз фамилиясын окуганда гана жаман болуп кетпедимби.

- Өзүң көнүп алгансың да, мектепке баргандан эле өз атасына жазылуу да.

- Ошого маани бербепмин да, тигилери келсе деле анча болгон эмес элем.

- Эми аман болсун, балдардан бөлбөй өстүрдү.

- Сенин жакшылыгың Гүлүйпа, сен жакшы аялсың.

- Билбейм, колума келгени өз баламдай боорума тарттым ушул кызды.

- Гүлүйпа.

- Оов.

- Гүлүнү өзүбүз эле келин кылып албайлыбы?

- Эмне дейсиң, Гүлүнүн көөнүн калтырып койбойлу.

- Балаңдын көңүлү бардай, көз карашынан эле билсе болот.

- Гүлүнүн ою жок болсочу, төркүнүн таап кетип калбасын?

- Байкап көрөлү, Куматтан мен сурап көрсөмбү?

- Сурап көр, бирок Гүлүнү чоочутпагыла, жаман ойлоп жүрбөсүн, өз баласындай көрүшсө минтпейт эле, көрсө башка ойлору бар тура, - деп качып кетпесин? - деп Гүлүйпа ага өз оюндагысын айтты, - Кыз бечара Куматка башкача караганын көрө элекмин, балаңды билбейм, ал жактырса жактыраар...

- Байкаштырып көрөлү, жакшыны жатка чыгарба, - деген бар байбиче, - деди Аскер ойлуу аялына колун арта, - Сенин өзүңдөй жакшы аял болчудай, Дуулат болсо жайсыз жерден үйлөнүп алды, өзүң көрүп турасың, болгону эки келиндүү болсок бири дурус болсун.

- Кудайдын буйруганы болоор Аске, ар бир адамдын өз тагдыры бар да, экөөбүз арачы боло албайбыз чалым, - деп наздана күлүп колтугуна башын жөлөп бактылуу жылмайып алды.

- Туура алтыным, тагдырга таң бере албайбыз дечи.

- Жат эми уктайлы, - деди Гүлүйпа колун арта.

- Ойнобойлубу?

- Койсоңчу, балдар...

- Балдар уктагандыр.

- Ошентсе да... Андан кийин экөө төшөк ичинде бири-бирине рахат тартуулап, түн пардасынын артындагы жубайлардын оюнун көпкө ойношкон соң тердеп кургап, энтиге жатып алышты. Көп өтпөй эле Гүлайымдын келгенин уккан айылдын жигиттери аңдый баштады, ошого удаалаш эле Мейманжан деген адам куда түшүп келип калды, баласы Алимжан чоң окуу жайын бүтүрүп келип мектепке жогорку класстарга сабак берип жаткан эле. Аскер аларды жакшы кабыл алып дасторконун жайып чай берип сөзүн уккан соң:

- Балдар сүйлөшпөсө кыйын, экөө бири-бирин жактырса биз каршы эмеспиз, - деди чын дилинен.

- Ап баракелде, жакшы кишинин айтаары ушул да, албетте бири-бирин көрсүн, - деп Мейманжан бакылдап ыраазы болуп турду, ал совхоз учурунда актив болуп жүргөн, чарбачылык боюнча иштечү. Алардын сөзүн угуп турган Кумат дароо эле сыртка чыгып кетти, муну Гүлүйпа менен Аскер экөө тең байкап ичтен тынды, көп өтпөй эле Алимжан Гүлайымга кат жазып жеңесин жөнөттү, Шарипа шакылдаган келип эле, Гүлүйпага ачык айтып көз менен баланы жолуктураарын айтты эле ал ага өзүнүн келинин кошуп берип жөнөтмөк болду эле Гүлайым болбой койду, Гүлүйпа унчукпай тим болуп алар кеткенден кийин:

- Кызым, эмнеге барбадың? - деди.

- Апа, мен күйөөгө тийбейм, окушум керек.

- Окусаң оку дечи, көңүл үчүн жигитти бир көрүп койсоң болмок эле го?

- Көрүп эмне кылам, бирөөнүн үмүтүн жандырганча биротоло үзүп койгонум жакшы эмеспи апа, - деп эркелей жылмайды.

- Гүлү, оюңда бирөө барбы, же сүйлөшкөнүң барбы?

- Жок апа, ал бүтпөдүбү, андан кийин эч ким менен сүйлөшпөйм деле...

- Мындай болбойт кызым, Мейманжан кадырлуу киши, шагы сынып калса жаман болбой, бу шагын сындырып койсок атаңа нааразы болуп калбайбы.

- Эмне болот?

- Жаман көрүп калат, кызын бергиси келбей калыптыр деп каргап коңшу да мүмкүн кызым, алар ошондой адамдар.

- Жаман болсо бербейм деп эле койсо болмок.

- Жаман эмес, - Гүлүйпа сөзүн оңдоого тырышты, - Уяттуу, кадыр-барктуу киши, бизди дагы уят кылат, бирде болбосо бирде сөзгө жыгат кызым.

- Эмне кылуум кере апа?

- Жок дегенде бир жолу жолугуп көр, андан эчтеке болбойт.

- Апа, кутула албай калбаймбы?

- Коркпо кызым, көңүлүңө жакпаса ачык эле айт.

- Макул, - Гүлайым аргасыз башын ийкеди.

- Садага кетейин десе, кызга миң киши жуучу келсе бирөөнө буйруп коет, дароо эле алып да кетпейт, - Гүлүйпа аны эптеп көндүрүп эртеси дагы келем деген Шарипанын сөзүн эстеп кымыйып алды, алар чынында колунда барга барса кор болбойт деп ойлогон эле, анткени балдарынын баары өз-өз ордун таап, үй жай күтүп кеткенин билишет, Алимжан эң кенже баласы эле, окуп-чокуп жүрүп үйлөнө элек болчу, тарбиялуу үй-бүлөдөн чыккан немеге барса бактылуу болот, жакын дагы болот дешкен. Ал чыгып келе жатса Кумат кирип келе жатыптыр:

- Гүлүн эмнеге эле күйөөгө бергенге шашасыңар? - деди ал үңүрөйө.

- Эмне болуп кетти? - Гүлүйпа уулун сынай карады.

- Көңүлү болбосо кыстаганда эмне? - деп ичкери кирип кетти.

- Кыз тием демек беле, биз силерди бактылуу эле болсун дейбиз балам.

- Мени ойлобой эле коюңуздар!

- Ийи? - Гүлүйпа элээ карап артынан кирди.

- Мен такыр үйлөнбөйм!

- Эмне дейт, үйлөнбөйм дегени эмнеси?

- Ошо! - деп өзүнүн бөлмөсүнө кирип жатып алды. Гүлүйпа ойлуу турган жеринде туруп калды: "Кудай уу-ур, мында бир кеп бар, ырас эле бири-биринде көңүлү болсо кантем, андай болсо экөөнү үйлөнтүп көзүн кызарткандардын үмүтүн үзүш керек, Гүлайымдан кантип сурап билем", - деп турганда Аскер келди:

- Эмне болду?

- Эчтеме.

- Кумат үйдөбү?

- Ооба, бөлмөсүнө кирди.

- Ага эмне болгон.

- Билбейм, эмне болду?

- Тайды издеп кел дедим эле.

- Тапкандыр.

- Көрүнбөйт, - Аскер бөлмөсүнө кирди, - Куму, тайды таппадыңбы?

- Жок.

- Издебейт белең анан.

- Башым ооруп жатат.

- Дары ич, мен издейин, - Аскер кайра сыртка чыкты, Гүлайым ата-энесинин көңүлүн кыйбай Алимжан менен жолукту, бирок көөнүнө жакпады, зымырайып сөз сүйлөбөй туруп кайтты, анын жигитке эмне дегенин жеңелери да билген жок, болгону жигит үйүнө барып эле:

- Мен ага үйлөнбөйм, - деди.

- Эмне болду, кыз жакпадыбы?

- Жок, бирок мен издеген кыз эмес.

- Ботом сен издеген кандай кыз эле? - апасы оңурая карап калды.

- Менин сүйлөшкөн кызым бар, ошону алып келем, - деди да чыгып кетти, айткандай эле ошол жумада өзү менен иштеген кызга үйлөндү, Гүлайым кайра шаарга кетип калды, көп өтпөй эле ал бир агенттике кирип чет өлкөлүктөр менен иштешкенге келишим менен тилмеч болуп кирип ата-энесине кат жазып таксиден берип ийди. Ал кеткенден кийин Аскер менен Гүлүйпа кеңешип Куматбектен ачык сурамак болушту. Үчөө кечки тамакка отурганда экөө бири-бирин ымдап: "башта", - дегендей саамга карап отуруп анан Аскер тамагын кыра сөзүн баштады.

- Куму, сен эми үйлөнбөсөң болбойт, - деди андан сөз чыгабы деген ойдо.

- Ата, убара болбогула үйлөнбөйм.

- Эмнеге?

- Жөн эле...

- Өзүң жактырган эле кызды айт дегеле каршы болбойбуз, - деди Гүлүйпа.

- Ой ата-а, менин оюмда эч ким деле жок.

- Жо-ок, сени байкап жүрөм, оюңда бирөө бар, ачык айт балам, - Аскер ага башын ийкеңдете карады, - Бирөөнү жактырып жүргөнүң ким?

- Силер аны түшүнбөйсүңөр! - деп туруп бара жатканда.

- Сени түшүнбөй бирдеме дедикпи, айтканың болот дедим го? - Аскер үнүн катуу чыгарды, - Эмнеге мына тартынасың, же жалтаң өскүдөй болгон жоксуң, ички оюңду бизден жашырып кимге айтасың балам?

- Ата, силер баары бир түшүнбөйсүңөр дедим го.

- Айтып көрчү, түшүнбөсөк анан ошондо көр.

- Айта албайм, - деп жер карап туруп анан, - Жатам, - деп бөлмөсүнө кирип бара жатканда Аскер токтотту.

- Отур деп жатам!

- Эмне кыласыз эми?

- Сүйлөшөбүз, ушу сен Гүлүдө оюң бар го?! - дегенде жалт карап ата-энесин жал-жал карап туруп калды, - Өлүмдөн башканын эртеси жакшы, ооруңду жашырсаң өлүм ашкере кылат деген, оюңду бизден жашыргандай өгөй же жетим бала белең?

- Айтканда эмне өзгөрмөк эле...

- Айтсаң көрөсүң да.

- Балам, - деди баятан бери унчукпай карап отурган Гүлүйпа, - Гүлү сага жагаарын билем, бирок ал эмне ойлот аны билбейм.

- Ошо да, - деп жиберди Куматбек.

- Мына, - деп күлдү Аскер.

- Эмнеге күлөсүз? - Кумат кызарып кетти.

- Сыр жашырбай жүр балам, Гүлүнү өз балабыздай көрөбүз, биротоло өз бала болуп калса жаманбы? - дегенде Куматбек кайра келип отура калды:

- Каршы болбойсуңарбы? - Жүзү кубанычтуу болуп көздөрү күлүңдөп кетти, - Мен уялбадымбы?

- Гүлү билеби? - деди Гүлүйпа.

- Жок апа, ага кантип айтмак элем?

- Кеп ошондо, - деди Аскер, - Аны көндүрүү кыйынга тураар бекен?

- Кеңешели, - деди Гүлүйпа ойлуу, бирок ушул азыр Куматбектен өткөн бактылуу адам жок эле, ата-энесине айта албай, оюн билгизгенден тартынып жүргөн, эми алардын сөзүн угуп учуп жеткиси келип турду, Аскер менен Гүлүйпа болуп кеңешип Куматты шаарга жөнөтмөк болду, козу союп Калыйпанын үйүнө барып иштегени келдим, - деп Гүлү менен жакындан сүйлөшмөк болду. Гүлайым ушул кезде жүрөгүнө жаккан жигитке жолугуп калган эле, агенттикте иштеп жүрүп жумушунан кайтып келе жатып эле маршруткадан түшүп таежесинин үйүнө келе жатканда:

- Чоң кыз кандайсыз? - деди бир жигит жанаша калып.

- Жакшы, сиз кимсиз?

- Сизди күндө көрөм, мен дагы ушул жакта жашайм.

- Аа-а, - Гүлайым аны көз токтото карап койду, бир аз жупунураак болгону менен келишимдүү жигит эле, ал улам кызды карап коюп кетип жатып:

- Менин атым Тимур, - деди колун суна.

- Гүлайым.

- Атыңыз өзүңүзгө жарашкан керемет кыз экенсиз.

- Ыраспы, - Гүлайым мыскылдагандай күлө карады, - Сиз атыңызга жарашпайт экенсиз.

- Чын элеби? - Жигит кызыктай боло түштү, - Атым өзүмө жарашат деп жүрсө...

- Ошондой, кош болуңуз Тимур мырза, - деп күлө карап короого кирип кетти, аны терезеден карап туруп көргөн Саида алдынан тосту.

- Жигит тапкансың го?

- Кандай?

- Көрдү-үм, - Саида күлө алдын тосту, - Мен сага бир сөз айтам, - деп шыбырады да аны төркү бөлмөгө алып кирди, - Атамдар мени жигитиме бербей жатат.

- Эмнеге?

- Анын колунда жок, ошону үчүн.

- Кызык, мени дагы ошентишкен.

- Чы-ынбы? - көзүн алайта ишенбегендей карап калды.

- Ооба, мен унчуга албай калганмын.

- А мен тим калбайм, качып кетем.

- Каяктан болот?

- Атбашылык.

- Оо-оу, алыс ко?

- Боло берсин, мен аны сүйөм да.

- Сүйгөн болсоң сөз жок.

- Сен Тимурду качантан бери тааныйсың?

- Он беш мүнөт болду, - Гүлайым сумкасын койду.

- Эмне?

- Ооба, он беш мүнөт болду таанышканыма, - Гүлайым күлүп койду, - Сен аны билесиңби?

- Коңшу турсак кантип тааныбай коймок элем.

- Аа-а, - деп койду Гүлайым, - Жүрү чай ичеличи.

- Ата-энеси көп ичет, бирок Тимур жакшы бала, - Саида кошумчалап койду.

- Мени кызыктырбайт, Саида кийинки жумада кытайга бармак болдум.

- Сага абдан суктанам, өжөр экенсиң.

- Аракет кылса берекет.

- Менин максатым бир Саида.

- А мен сүйгөнүмө жетсем деп тилейм, а сен...

- Тилегиңе жет, - Гүлайым чай коюп жатып айтты.

- Рахмат.

- Таежемдер бир жакка кетти беле?

- Конокко кетишти.

- Жакшы, мен аябай чарчадым, - Чай ичип алып бөлмөгө жөнөдү Гүлайым.

- Мен кечке уктадым, эми өлсөм дагы уктай албайм, - деп телевизорду коюп диванга шалак эте отурганда үйдүн телефону чырылдап калды эле Саида ыргып турду, - Ази-им, сен келдиңби, эшикте турасыңбы, бирөө көрүп калбасын, эң жаманы атамдар көрсө, азыр мен чыгам, - деп трубканы кое жүгүрдү, - Гүлү, мен азыр келем!

- Каякка?

- Эшикке, келгенде айтам, - деп чыгып кетти, Гүлайым унчукпай көзүн жумуп жатып бирок уйкусу келбей оюна азыраак мурун таанышкан Тимурду эстеп кетти: "Дурус эле экен, ата-энесинин ичкенинен анын күнөөсү кайсы", - деп алып кайра: "Аны эмнеге эле ойлонуп жатам, эмне болсо ошол болсун", - деп кайра оодарылып жатып эле эсине түшө берди. Жылмайган ак жуумал жигитин өзүнө караганы, колун сунуп сүйлөгөнү көз алдына келе берип тынчы кетип туруп барып суу ичип келип кайра жатты. Саида көп өтпөй эле кирип келди.

- Саида, сен келдиңби? - деди Гүлайым башын көтөрө.

- Ооба, уктай элексиңби?

- Жо-ок, уйкум келбей жатат, таежемдер кечикти го?

- Келет да, - деп койду Саида, - Азим келиптир.

- Эмне дейт?

- Ала качам дейт.

- Ат-Башыга кетесиңби анан?

- Жо-ок, биякта жашашат ой.

- Ошондой десең, күн суук кыш болсо аякка кантип барышат?

- Биякта турганына отуз жылдан ашыптыр, колунда жогун билбейм, соода кылышат экен, үйлөрү бар, атамдарга эмне керек билбейм.

- Сени бактылуу болсун дешет да.

- А мен ансыз дагы Азим менен бактылуу болом.

- Айтканыңдай болсун.

- Апам укпасын, мени өлтүрөт.

- Ушакчылык жайым жок, көргөнүм көргөн жерге калат.

- Ишендим, - деп жылмайган Саида өз ордуна жатып калды, - Гүлайым.

- Угуп жатам.

- Сен караңгыдан коркпойсуңбу?

- Жо-ок.

- Мен аябай корком, сен келе электе жарыкты өчүрчү эмесмин.

- Мен коркпойм.

- Жакшы экенсиң, кичинемде уктагыча апамды кетирчү эмесмин.

- Укмуш коркок экенсиң го?

- Ооба, караңгы жата албайм.

- Эми коркпо, мен бармын, - Гүлайым күлүп калды, - Укта эми.

- Жакшы жат.

- Өзүң дагы.

- Атамдар келди, - Саида туруп эшикти ачканы кетти.

- Уктадыңарбы? - Калыйпа кирип эле сурады.

- Жок, али уктай элекпиз.

- Жакшы болуптур, силерди уктап калды го дедим эле, Эрлан келбедиби?

- Ал келе элек го?

- Келет, жүргөндүр да.

- Ушул баланыкы өттү, - деди Насырынбек.

- Жаш эмеспи ойноп жүргөндүр.

- Ушундан көрө аскерге жөнөткөндө мурдунун суусу агып жүрөт эле.

- Эки балам болсо аскерге берет бекенмин? - Калыйпа күйөөсүн жини келе карады, - Сен төлөмгө ичиң бышып жатабы?

- Балдарды өтө эркелетип койдуң, обу жоктук кылып жүрөт го?

- Миким үй-бүлөө күтүп жакшынакай эле жашап жатат.

- Мейли-мейли, дайыма сен жеңесиң да, - Насырынбек күлүп унчукпай калды.

- Мен жаттым, - Саида ата-энесин өөп кетип калды, ал күнү Гүлайым улам Тимурду ойлоно берип уйкудан калып кеч турду, качан телефон чалганда туруп сүйлөштү да шашыла жөнөдү, ал кетип бара жатканда Тимур анын алдынан капыстан чыга калгандай беттеше түштү.

- Кандай Гүлайым?

- Жакшы, өзүңөр?

- Ойдогудай, болгону уйкум чала болуп...

- Эмне, чын элеби? - Гүлайым чын пейилден күлдү.

- Ооба, сүйүү деген бир жомок мени чырмап алса керек.

- Кызык экен.

- Айтпа, бирөө эсимден кетпей эле көз алдыма келе берип уйку бербеди.

- Кызык, - Гүлайым унчукпай калды, өзүнүн түнү бою уйкусу келбей чыкканы эсине келип: "Кимди ойлонду экен, мен го", - деп маршрутка келээри менен ага карабай эле түшүп кеткенин сезбеди, бирок ичтен караса ал жок экен:

- Бирөөнү күтүп жаттыңыз беле? - деген кулак түбүнөн чыккан Тимурдун үнүн угуп бурула берди:

- Жо-ок, - Гүлайым уялып кетти, - Сиз кайда барасыз?

- Жумушума.

- Мм, - деп өйдө жылды.

- Чай ичебизби? - Тимур шыбырады.

- Шашылышмын, менин жолугушуум бар эле.

- Өтө зарылбы?

- Ооба.

- Кайда иштейсиз?

- Агенттикте тилмечмин.

- Оо, жакшы экен.

- Рахмат, мен келип калдым, - деген Гүлайым алдыга умтула түшүп бара жатты, артынан Тимур келе жаткандай сезип караса жок экен, эрксизден улутуна кадамын тездетип жөнөдү. Ал күнү жумушу ойдогудай өттү, керээли кечке Тимурду эстеп жүрдү, эсинен чыкса эмне, тамак ичип жатса да, сүйлөшүп жатса дагы келишимдүү жигит эсинен кетпей алагды болуп жүрүп үйгө кеч кайтты, чарчагандай жай басып келе жатса дагы карп-күрп алдынан Тимур чыга калса болобу?

- Си-из? - Гүлайым таңгала карады.

- Ооба, коркуп кеттиңизби?

- Эмнеден корком, таңгалып жатам.

- Эмнеге?

- Качан болсо чыга каласыз.

- Капыстан болуп калды го, - Кайсактай күлдү, - Кеч кайттыңызбы?

- Иш ошондой.

- Аа-а, - Тимур башын ийкеп койду, - Гүлайым жигитиң барбы?

- Жигит болоюн дедиңиз беле?

- Жок болсо.

- Бар болсочу? - Күлө карады.

- Айла жок, сүйбөгөнгө сүйкөнбө...

- Эстүү жигит экенсиз.

- Неге антесиз?

- Жигити барларды жайына койгон.

- Өзүңдү сүйбөгөн кыздан кандай жакшылык болоор эле?

- Туура, - Күлүмсүрөп башын ийкеди, - Мен кирейин.

- Жок дегенде жолугуп турсак болобу Гүлайым?

- Убакыт болсо.

- Чыныңды айтсаң Гүлайым.

- Кеч кирип кетти, - Гүлайым кетмек болду.

- Суроомо жооп бербедиң, теңсинбестик эмеспи?

- Өзүңүз табыңыз жообун, - деген Гүлайым кирип кетти, ал келсе Калыйпа ыйлап отуруптур, - Эмне болду таеже?

- Саида качып кетиптир!

- Каякка?

- Кайда болмок эле, күйөөгө да!

- Качан?

- Бүгүн.

- Неге айтпай кетти? - деген Гүлайым чечинип кайра келди, - Ким айтты таеже?

- Киши келиптир, киргизбей кубалап ийдим.

- Таажездем жокпу?

- Келе элек.

- Эми эмне болот?

- Билбейм, колунда жок бир томоякка тийип эмнени көрөт кокуй, окутайын десем дагы болбой койду, эси жок кыз кандай болот десең? - Калыйпа солуктап жатып Гүлайымга кайрылды, - Сага айткан жок беле?

- Жо-ок.

- Өлүгүңдү көрөйүн эси жок кыз, жалгыз кыз деп эркелетип койсо каалаганын кылганын кара, - ал бышыктап жатканда эшик такылдап калды, - Насыр келди го?

- Сиз отура бериңиз, мен ачам, - деп эшикти ачса өзүнүн агасы Канат туруптур, - Си-из, сиз бул жерге...

- Гүлү чоңойдуңбу, бул жерде кайдан жүрөсүң?

- Таежемдикинде.

- Ким экен? - деп басып келе жатканда телефон чырылдап калды. Калыйпа кайра телефонду көздөй барып трубканы алып эси оогондой туруп калды.

- Эмне болду таеже? - Гүлайым жанына келип туруп сурады.

- Саида, баргандарды кабыл албасаңар өлөм дейт.

- Ошенттиби?

- Ооба, - деп турганда босогодогуларга таңгала суроо узатып Насырынбектин келгенин билип жетип барды, - Эми эмне кылабыз?

- Эмне кылмак элек, үйгө киргизүү керек, - деген Насырынбек тургандарга кайрылды, - Кана киргиле!

- Кулдугубуз бар куда.

- Кулдугубуз бар куда.

- Кулдугуңар кудайга, киргиле үйгө.

- Рахмат куда.

Насырынбек аларды киргизип коноктоп, кудасынын кайдан экенин сураштырып, күйөө баласынын кайда окуп, кайда иштээрин билгени турду, бирок үндөбөй салт боюнча сыйлап кийит кийгизип жөнөттү, алар бир кой жыйырма миң сом алып келишкен болчу, кудаларды жөнөтүп киргенден кийин үн дебей экөө эки жерге отурганда сөз кошууга алы жетпей, эмне деп жубатаарын билбей Гүлайым да тура берди. Ошол убакта Эрлан келип калды, үнсүз отурган ата-энесин, ыйлап алган апасын көрүп саамга туруп анан:

- Силерге эмне болду? - деди.

- Саида күйөөгө тийип кетти.

- Эмне, качан?

- Кыз жаманы кыроо деген ошо да балам, - деди Насырынбек, - Эми эркебиз дагы бирөөнүн бүлөөсүнө айланды, бактылуу эле болсун.

- Бактылуу болсун, - Эрлан отура кетти, - Апа, ошого ыйлап жатасызбы?

- Кантип ыйлабайм? - Калыйпа ого бетер бышактады, - Үйдө жүргөндө тилдеп урушуп койчу элем, тааныбаган жерге барып кызым байкуш кантти экен, иш жасап көргөн эмес, баарын эле өзүм кылып ага жасатчу эмес элем, чоочун бүлөөгө барып кандай күндү көрөөр экен?

- Апа, турмуш башына келсе үйрөнүп алат, андан көрө бактылуу эле болсун десеңиз, - Эрлан күлүп койду, - Кай жерден болот экен?

- Ат-Башылык дейт, шаарда эле турушат экен.

- Жакын эле турбайбы, барып турасыз да, - Ошентип сүйлөшүп жатып Эрлан Гүлайымга кайрылды, - Бөлө, этият бол, сени дагы көтөрө качпасын.

- Коюңузчу, ала качып эмне...

- Кыз дегенди ала качмай оңой да. Насырынбек менен Калыйпа андан кийин туугандарын чакыртмак болуп Мирланга Эрланды жиберишти, кеч болуп калгандыктан эртеси чогулуп кууп бармак болушту. Гүлайым иши менен алек болуп жүрүп убакыттын кандай өткөнүн баамдабай да калды, ал эми Кытайга кетмек болуп ата-энесине айтып келейин дегени менен чукул жөнөй турган болуп кийим кечеси менен керектүүлөрүн даярдап жатканда Кумат келип калды. Баса айта кетчү нерсе Саиданы кууп барганга Гүлүйпаны айткан эмес эле, Кумат угуп таңгалды, бирок анын негизги максаты Гүлайымга өз оюн билдирүү болгондуктан ага эч маани деле бербеди. Ал Гүлайымдын Кытайга кетээрин угуп абдан капа болуп үңкүйүп отуруп калды, оюнда эч нерсе жок ал агасына:

- Куму аке, жер көргөнүм жакшы эмеспи, бул жерден белгилүү бизнесмендерди Кытайга барып иш жүргүзүү компаниялар менен келишимге кол коюшуна көмөк берем, анын үстүнө мага алар жакшы төлөшөт, - деди күлүп.

- Сага акча эле керек болсо үйгө бар, эмне бар шаарда?

- Мен өз эмгегим менен тапканды жактырам, буйруса келгенден кийин журналистикага тапшырам аке, - Күлүмсүрөй караганда Кумаштын жүрөгү зырп этип алды, - Менин азырынча билимим жок, болгону тил билем, эки-үч тилди билгендиктен жумушка алышты.

- Иштин зарылчылыгы эмне сага? - Куматбек нааразы болгондой карады.

- Аке, анда жанагы келгендерге күйөөгө тийип кетейинби?

- Жо-ок... - Кумат какай түштү, - Иштеп эмне кереги бар дейм да.

- Үйгө барсам эле ар кимдер келе берет, тажап да кетем, андан көрө минтип эл-жер көрүп, билбегенимди билип билимимди тереңдетип алганым жакшы эмеспи, кийинки окуганыма дагы жакшы.

- Менимче баш тартканың жакшы атамдар капа болушат.

- Сиз айта барыңыз, барганга убактым болбой калды, мага таарынышпасын ээ? - деп жарк эте карап ордунан турду, - Мен жолго даярдануум керек, эртең эрте чыгабыз.

- Мейли, - Кумаш башка сөз айта албады, анын жүрөгүн жаралагысы келбеди. Гүлайым сыртка чыгып кетти, өзүнө керектүүсүн алганы чыгып кайра келе жатып дагы Тимурга жолугуп калды.

- Кандайсың Гүлайым?

- Жакшы, өзүңүз...

- Эң сонун, сизди көргөнүмө кубанычтамын.

- Чынбы? - Күлүп койду Гүлайым.

- Жумушка чыккан жоксуңбу?

- Жок.

- Гүлайым, бир аз убакыт болсо сүйлөшсөк кантет?

- Убактым жок, эртең Кытайга кетип жатам.

- Чын элеби?

- Калптан көңүлүңүз калды беле?

- Жок-жок, бирок сизди көрбөй куса болом го?

- Кантип эле? - Кыз ага ынтаа кое карап калды, - Мен сизге ким элем куса болгудай? - Токтой калды, өзү дагы аны менен сүйлөшкүсү келип турган эле.

- Билесизби Гүлайым, - Тимур ага ойлуу карап көздөрүнө тигилди, - Бул жашоо адам баласы үчүн табышмак, кээде ойлонбогон бир окуяга туш болуп каласың, кээде кетирген кемчилигиңди оңдоого канча аракет кылсаң дагы мүмкүнчүлүк болбойт, ал эми кээде бир нерсени жасайм деп жасай албай калган учурлар болот.

- Муну менен эмне айткыңыз келет?

- Айтайын дегеним сизге бир сөз айтуу мага оңой болбой туруп алды.

- Айта бериңиз, - Гүлайым күлүмсүрөй карап калды.

- Мен сизди жакшы көрөм.

- Боло берет.

- Сиз мени шакабалап жатасыз.

- Жо-ок, адамдар бири-бирин жакшы көргөнү жакшы го?

- Гүлайым, макул дечи, бир жерге отуруп кең-кесири...

- Гүлү! - деген Куматтын үнү экөөнү тең жалт каратты, - Ал жакын келип калган эле, - Ким бул? - деди Тимурга ээк кага.

- Кошуна, - Гүлайым үйдү көздөй басты, - Кеттик аке.

- Жигит, өз жолуң менен бол! - деди Кумат ага ачуусун кармана.

- Кечиресиз, - Тимур Гүлайымдын аке дегенин угуп басып кетти.

- Гүлү, кошуна элеби же...

- Коюңузчу аке, таежемдердин коңшусу, жолугуп калды.

- Мейли, - Кумат ашыкча эчтеке дебеди, - Кечиккениңден чыккам, сени көрүп жиним келип кетпедиби.

- Эмнеге? - Кыз агасын күлө карады.

- Жиним келет да, бейтааныш бирөө менен турсаң.

- Ой аке-е, мени өмүр бою кайтарат белеңиз, үйлөнсөңүз анан мени коюп өзүңүзчө кетесиз, мен деле минтип жүрбөсмүн, убагы келсе мен деле бирөөгө кетем, турмуш жолу ушундай эмеспи, - Гүлайым ушинткенде Куматтын жүрөгү үзүлүп кете жаздады, өңү бозоруп барып:

- Мен үйлөнбөйм дебедим беле? - деди.

- Неге? - Гүлайым агасын саамга тигиле карап анан күлүп жиберди, - Аа-а билдим-билдим, сүйгөнүңүздү бирөө алып кетип калса керек?

- Эй кыз, эмне дедиң?

- Негизи эле сүйүүдөн көңүлү калгандар гана үйлөнбөй жүрө беришет го?

- Андай да, мындай да эмес, мен бирөөнү сүйөм, бирок айтпайм! - Куматбек кызга тигилди, анда бир сезим барбы же жокпу байкамак болду.

- Эмнеге атамдарга айтпайсыз, сүйлөшөт эле го? - Гүлайым агасына боору ооругандай карады, - Ал кыз өзүбүздүн айылдабы?

- Ооба, - деп үйгө кирип бара жатып: "Ал кыз менин жанымда, ага айта албайм, адепсиздик кылып ачылган гүлдү соолуткандай кылгым келбейт, ал сүйүүм аруу бойдон жүрөгүмдө сакталып калышын каалайм, досторум менен теңтуштарыма дагы кем болгум келбейт, ата-энем өз баласындай мээримин төгүп чоңойтсо мени өз агасындай көргөн карындашымды сүйөм дегеним туура эмес, сүйгөн карындашымдын бактылуу болушу менин дагы бактым", - деп ойлонуп алып оор дем алып отуруп калды. Гүлайым эч нерседен капарсыз болгону менен: "Уят эле болду, өз агасы болсом мындай кылбайт эле деп ойлонуп калды го, сыйлабагандык болуп сезилбесе болду, атамдарга айтып барат эми, шаарга барып ээн-эркин жигиттер менен сүйлөшүп оңуп калыптыр деп, ай кудай ай, кайдан жолуга калды эле", - деп өзүнчө ойлонуп жатты. Кечинде Калыйпа эжесине айта албаганын Куматка түшүндүрүп келип:

- Кумат, садага болоюн, эжеме айтып бар, капыстан болуп калды, акылымды да жыя албай калдым, эмки жумада келип калышсын, себин алып барат, баары даяр, жездем экөө тең келишсин, - деди.

- Макул, айтып барам.

- Ошент садага, эжемден башка эмнем бар, эки эле кыз болсок...

- Кайгыра бербеңиз таеже, апам деле эркек бир тууганым жок деп капалана берет, - деди Куматбек күлүп.

- Ооба десең, бу арман кылбаган адам болбойт тура, - деп улутунуп алды Калыйпа, - Аай Гүлү, кел атаңдар берген эттен ооз тий, эртең жолго чыгасың.

- Азыр таеже.

- Бажа жылда бир жолу дагы козу союп жөнөтчү эмес эле, - Насырынбек күлүп калды, - Гүлү келгенден бери үч козу союп бүкүлү берип жатат ыя, бу да болсо өзгө өздөй дегендик да?

- Ооба, эми сен эле калдың эле, кызы үчүн болсо дагы бергенин айт, же мурун жебей жүрдүң беле, эжем өзү келген сайын алып келет го артынып үртүнүп, - Калыйпа күйөөсүн урушкан болду.

- Койдум-койдум, тамашалап жатам байбиче.

- Ой Куму, бу Эрлан экөөңөр качан үйлөнөсүңөр? - деп калды Калыйпа.

- Шашпай үйлөнөм го, Эрлан өзү эмне дейт?

- Ал дегеле ойлоно элек ботом.

- Шашканда эмне, - деп койду Кумат. Калыйпа тамагын алып келди, Гүлайым жардам берейин деди эле ага болбоду, чогуу отуруп тамактанышты, анан үчөө тең Гүлайымга ак баталарын беришти, изги тилегинин ишке ашышын каалап андан соң жатууга камынышты. Кумат өзүнчө сары санаа болуп түнү бою уктай албай чыкты: "Менин чечимим туурабы, атамдар деле боло берет дешти эле, мен мококтук кылып койдумбу, ачык айтсам бекен, же сумкасына кат жазып салып койсомбу, жо-ок аруу сезимди жүрөккө бекем сактап, таза бойдон сактап жүрүп өткөнүм дурус, өз каным болбосо дагы наристе кезден бир аяктан аш ичип, бир жуурканда өстүк, эми ага үйлөнөм дегеним акылсыздык болоор, бараарым менен үйлөнөм деп айтамын, сүйбөсөм да жакшы жар болсо болду, убакытты өткөрбөй үйлөнгөнүм жакшы", - деп ойлонуп таң атырды. Эртең менен эрте турган Гүлайымды узатып барып жанындагы адамдарды көрдү, зыңкыя кийинип, дипломат көтөргөн үч бизнесмен экен. Көзүнө жаш тегерене секелек кезиндегидей кучагына кысып:

- Жакшы барып кел, - деди үнү каргылдана.

- Атамдарга салам айтып таарынбасын деңиз, кудай буйруса он күндө келем.

- Кош, аман-эсен барып кел, - дегиче тигилер чакырып калды, экөө коштошуп иймейген узун бойлуу арык кыз колун булгалай самолеттун тепкичине жетти, ал артына кылчая берип өзүн карап турган агасын көрүп кол көтөрө кирип кетти. Куматбек самолет ордунан жылып абага көтөрүлгөнчө карап туруп анан артына кайрылып Насырынбектикине келип эле кайра айылга кетти, анын капалуу кабагын, иштейм деп кетип тез эле кайра келгенин көрүп Аскер:

- Ээ баатыр, тез эле кайттыңбы? - деди.

- Ооба, иштегим келген жок, Гүлү болсо Кытайга кетти.

- Эмне дейт, Кытайга эмне бар экен? - деди Гүлүйпа.

- Иш менен кетти, анын өз максаты бар да апа, - Кабак бүркөй айтты.

- Капырай, качан келет экен анан?

- Он күнгө кетти, эртең менен узаттым.

- Мейли, - деди Аскер, - Баккан эмгегибиз кайтып өзүнө тың болсо болду.

- Аман болсунчу, - деп койду Гүлүйпа.

- Ата, мен үйлөнө берсем болобу? - деп Кумат айтканда экөө тең аны жалт карашты.

- Качан? - деп жарыша айтып: "Капырай де, булар араң эле турган го, Гүлүгө барып эле айтса салса анысы дароо макул болдубу", - деген ойго кептелишти.

- Силер таап сүйлөшө бергиле, - дегенде үн дебей отуруп калышты, алар ар кандай ойго келип бирок ачык сурашпады, көптөн кийин:

- Бир чечимге келдиңби? - деди Аскер туюк гана.

- Ооба, өзүңөр тапканга макулмун.

- Жа-арайт, эмесе Канайым менен Эркайымды чакыралы, кызга сөйкө салып анан алып кирели, - деди Аскер, - Дуулаттар келээр бекен?

- Айтабыз да, - Гүлүйпа уулун карады, - Кийин өкүнүп бизге доомат кылбайсыңбы балам?

- Жок апа, күйүмдүү жар, ыймандуу келин болсо болду да чынбы? - Күлүп койду, - Башкысы силерди сыйласа болду.

- Аның туура, кийин тиги Саматтын баласындай болуп, өзүңөр алгансыңар, жашай бергиле деп басып кетпейсиңби? - Гүлүйпа күлүп калды.

- Андай болбойт.

- Анда сүйлөштүк, мен Дуулатты чакыртып ийейин, сен барып кыздарды чакырып кел, апаң алар менен кеңешип шаардан сөйкөсүн алдырып камынгыла.

- Макул, - деп Кумат эс алганы өз бөлмөсүнө кирип аскерге кетип жатканда Гүлайымдын сүрөтүн ала кетип блокнотуна салып ала жүрчү, эми ошол сүрөттү алды: "Кош менин таза сүйүүм, сен эми менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашайсың, кол жеткис аруу махабатым, кечир менин алсыздыгымды, көзүңө карап жалтандым, сүйүүнүн алдында мен эмес хандар-бектер, заардуу дөө таазим эткендей эле мен дагы алсыздык кылдым, мунум сени аяганым, чымчыктыкындай алсыз жүрөгүңдү ооруткум келбейт, сезимиңе кара так калтыргым жок, тек сени бактылуу болсо экен деп тилейм, кош бол менин армандуу сүйүүм", - деп тигиле сүрөттү карап турганда ачык эшиктен кирип келе жаткан Гүлүйпа токтоп калды да артына бурулду:

- Куму! - деди анан алыстап барып.

- Эмне болду апа?

- Бери келчи балам.

- Келдим апа.

- Атаң эшикке чакырып жатат, - деди эле ал чыгып кетти, ал чыгаары менен Гүлүйпа анын бөлмөсүнө кирип үстөл үстүндө блокноту ачылып үстүндө Гүлайымдын сүрөтү турганын көрүп кайра шашыла чыкты: "Чунак бала, кыйын жакшы көрчү эле, көрсө бир кеп бар экен да, кайра эмнеге айнып калды экен, же көңүлүн калтырып койду бекен, же бирөө менен сүйлөшкөнүн билип калдыбы", - деп ойлонуп отуруп калды. Ошондон бир жума өткөндөн кийин ал үйлөндү, Эркинбек менен Анипа кырктардан ашкан колунда бар адамдар, эки уул, бир кызы бар, Наргиза эки уулунун ортончусу, ыймандуу келин болду. Эл катары кылып калың берип сөйкө салып анан киргизишти, Кумат алгачкы күндөрдө ага жакшы мамиле кыла баштады, уул-келинин көз жаздымдан кетирбей карап турат ата-эне, анын үйлөнгөнүнө үч-төрт күн болгондо Гүлайым келип калды. Ал сырттан келе жатып эшиктин алдында жүргөн Наргизаны көрүп таңгалды, аны өзү таанычу, өзүнөн бир жыл мурун окуган болчу, аңгыча Гүлүйпа чыга калды:

- Көлөкө-өм, келдиңби садага? - деп жетип кучактап калды.

- Апа, апакем менин, мага таарынбадыңарбы? - Эне-бала өбүшүп кучакташып турганда Наргиза кирип кетти, Аскер короо жактан келди:

- Кимди көрүп турам?

- Ата-а! - Гүлайым апасынан бошонуп атасына жүгүрүп жетти, - Атакем!

- Садагам десе, аман-эсен келдиңби?

- Ооба ата, өзүңөр кандайсыздар?

- Баары жакшы кызым, - Аскер кызын далысынан ала үйгө карай басканда:

- Ата, таксиде жүгүм бар, - деп Гүлайым кайра жолго чыгып чоң сумканы көтөрүп келе жатканда үйдөн Кумат чыга калды:

- Оо ким келген ыя? - Кумат сумкасын ала коюп өзүн кучактап эки бетинен өөп үйгө басышты, - Гүлү, көрүндүктү көп бересиң го? - деди күлүп.

- Аке-е, эмнеге?

- Жеңелүү болгонсуң.

- Чы-ынбы, куттуктайм! - деп кайра агасын кучактап мойнуна асылды, - Чын эле үйлөндүңүзбү аке?

- Ооба, көрүндүгүңдү даярдай бер, - Кумат күлүмсүрөй карап үйгө киришти, Аскер менен Гүлүйпа дагы киришти, алар бири-бирин нукуй кирип келе жаткан, - Наргиза, кайынсиңдиң келди, жүгүнүп кой, - деди күлгөн бойдон.

- Жок-жок, ошо кантип болсун, кайынсиңдиге дагы жүгүнчү беле? - деп Гүлайым уялып кетти, - Кандайсыз жеңе, аке бактылуу болгула! - деп боорунда асылып жүргөн сүйрү чакан сумкасынан доллар алып сунду, - Көрүндүк.

- Келе мен алам, - Кумат күлүп колун сунду.

- Жо-ок, атама берем көрүндүктү, - Гүлайым күлүп акчаны тартып алып Аскерге сунду, - Ата, келиниңиздин көрүндүгү.

- Тим кой кызым, агаңа бере бер.

- Айтпадым беле, мага бер!

- Көрүндүктү мен алам! - деди Гүлүйпа күлүп, - Келе кызым мага бер. Баары күлүп калышты, анан Гүлайым чоң сумканы ачып белектерин алып чыкты:

- Ата, бул сизге, бул сизге апа, а бул болсо жаңы күйөө балага! - деп Куматка карап сунду, - Жеңемди билбей калдым, болбосо ага дагы алмакмын.

- Ушул дагы болот садага, кана өзүң жөнүндө айтчы? - деди Гүлүйпа, - Каргадай болуп бөтөн элге кантип кандай барып келдиң?

- Ийи, ошону айтсаң апасы, чычкандай кызымды Кытайга кетти десе эсим оободубу, - деп Аскер күлүп калды, - Кытайлар менен кантип сүйлөштүң деги?

- Ата, бул өзүнчө иш, менин милдетим алардын сүйлөшкөнүн которуп кана берүү, - Гүлайым күлүмсүрөй карады, - Эми кайра эртең эле кетем, эжемдердин балдарына буларды берип койгула, өзүм барып учурашат элем, бирок убактым жок.

- Эртең эле кетип каласыңбы? - Гүлүйпа нааразы боло карады.

- Бир-эки күн турсаң боло, - Аскер дагы кабатырлана айтты, - Бу шаарыңдын бир магнити барбы, баргандар кайра келгиси келбей калат экен.

- Ой ата-а, окушат иштейт, алар жөн жүрбөйт да, мисалы мен жакында окууга тапшырам, журналист болгум келет, азыркы ишиме тиешелүү болот, окугандын зыяны жок чыгар ата, - деди Гүлайым, - Же үйдө эле ким ала качып кетет деп жашынып отура берейинби?

- Туура кызым, окуганыңа каршы эмесмин.

- Анда сүйлөштүкпү? - Гүлайым атасынын мойнуна асыла эркелеп өөп койду, - Менин алтын атам да-а.

- Бактылуу болсоң эле болду, - деп Аскер айтканда аны Гүлүйпа аны нукуп сыртка чыгып кетишти, Кумат дагы сыртка чыгып кеткен эле:

- Жеңе, акем экөөңөр билгизбей сүйлөшүп жүргөнсүңөр го ээ? - Гүлайым Наргизага кайрылды, - Дегеле сыр билгизбейсиңер.

- Гүлү, биз капыстан эле үйлөнүп калдык.

- Койчу, кантип эле, сүйлөшкөн эмес белеңер?

- Ооба, атамдар барып сүйлөшүп сөйкө салышты, ошол...

- Бири-бириңди тааныйт белеңер?

- Мен таанычумун.

- Куму акемчи, сизди таанычу бекен?

- Ооба, бир көчөдө эле чоңойдук го.

- Кызык, сүйлөшпөй үйлөнсө болот бекен?

- Жакшы эле го, - Наргиза жылмая карады, - Сен анын кыздар менен сүйлөшкөнүн билчү белең Гүлү?

- Такыр уккан эмесмин.

- Сени жакшы көрчүмүн дейт.

- Чын элеби? - Гүлайым көздөрүн бакырайта күлүмсүрөдү.

- Ооба, үйлөнгөндөн кийин айтып жатпайбы, - Наргиза дагы күлдү.

- Куттуктайм, сүйүшкөндөргө бакыт тилейм, мен атамдарга барайын, - Гүлайым ордунан турду, - Жакшы жаткыла.

- Оой, али тамак быша элек, эми тамак ичебиз.

- Анда тигил бөлмөдө бөлөм.

- Макул, мен ашканага барайын, - Экөө ээрчише сыртка чыгып Гүлайым Аскерлердин бөлмөсүнө кирди, анан сумкасынан доллар алып атасына сунду:

- Ата, бул менин алгачкы тапканым.

- Кызым, мунуң канча?

- Миң доллар.

- Оо-оу, көп го? - Аскер күлүп калды, - Кана долларды бир төш чөнтөккө салайынчы, кандай болуп калаар экенмин.

- Өзүңө алып калдыңбы Гүлү? - деди Гүлүйпа.

- Ооба апа, өзүмө жетет.

- Садага болоюн десе.

- Эми кичине эмесмин го апа, өзүм табам.

- Ошентсе да сен бизге кичине көрүнөсүң кызым, алар ошентип сүйлөшүп отурганда Наргиза дасторкон салып тамагын алып келди, чогуу отуруп тамактанышкандан кийин Гүлайым бөлмөсүнө кирип жатып калды, эртеси эми туруп кийинип кеткенге камынып жатканда Канат келип калды, аны көрүп сыртта жүргөн Аскер утурлай басты:

- Кел-кел куда?

- Келдим, Гүлайым барбы байке?

- Эмне болду мынчалык, ал-жай сурашпай эле?

- Атам катуу ооруп калды, Бишкектеги жашаган үйгө барсам жок экен.

- Ал үйдү кайдан билесиң? - деди Аскер, анын оюна: "Бул кыз жашаган жерин айтып өзү барып жүргөн го", - деген бир күдүк кетти.

- Аны кийин айтайын, - деп босогодон чыгып келе жаткан Гүлайымды көрүп ага утурлай басты. Ошентип Аскер менен Гүлүйпанын коштоосу менен Гүлайым атасы туулуп өскөн айылга, чоң ата, чоң энесине келди. Тенти катуу эле, ар кайсыны сүйлөп, бирде эсине келип, бирде эсин жоготуп жаткан, алар келээри менен эле анын үстүнө киргизишти. Тенти акыркы сөзүн айтып эки баласына катуу дайындап анан көз жумуп кете берди. Гүлайым үн дей албай койгуча, андан кийин үчүлүк, жетилиги өткөнчө кете албады, бир жума тургандан кийин гана эптеп айтып шаарга бармак болуп чыгып кетти. Тенти балдарына дайында небересине мал калтырган эле, кокус күйөөгө чыкса себин бересиңер, шаардан жакшы үй алып бергиле деген. Айткандай эле алар ата сөзүн аткарышмак болушуп шаарга Гүлайымды издеп барып бир бөлмө үйдү жарнамадан таап алып берип үйүнө керектүүсүн даярдап берип колуна акча берип анан кетти. Гүлайым кубанып калды, ал Тимур менен сүйлөшүп калган, жалгыз жашап жүргөндө ага Гүлүйпа келип:

- Кызым, сен бул үйдө кантип жашайсың, жалгыз жашаганың болбойт, биз дагы сары санаа болобуз, - деди.

- Анан эмне кылам апа?

- Бирөөнү ал, болбосо Калыйпаныкында эле бол.

- Ма-акул апа, - деп күлүп калды Гүлайым, - Сиз айткандай эле болсун.

- Ошент садага, жалгыз жашаганың болбойт, - деп Гүлүйпа кубанып аны сиңдисиникине ээрчитип барды, Калыйпа дагы кубанып калды.

- Ырас эле болуптур, бизде деле ашкан бүлөө жок, Эрлан болсо күнү-түнү кайда жүргөнү белгисиз, бир көрүнүп коюп жок болот, Саида кеткенден бери оңкулдап калдык, - деди үшкүрө.

- Ооба десең, таежең сени бөлөксүнтпөйт кызым.

- Койчу эже, кантип бөлөксүнтөт элем, Гүлү өзү дагы башкача кыз алдыңа кетейин, экинчи эле кызымдай болуп калды.

- Ошону айтсаң.

- Апа, мен жуунуп алайын, - деп Гүлайым баняга кетти, эже-сиңди сүйлөшүп отуруп Калыйпа эжесине карады:

- Эже, мен Гүлүнү келин кылып алсам кандай болот?

- Ыя? - Гүлүйпа саамга ойлоно калып, - Эрлан билеби? - деди.

- Жо-ок, ага айта элекпиз, Насыр экөөбүз ойлонуп жатабыз.

- Бири-бирин жактырышса жакшы эле, - Гүлүйпа ага Куматбектин оюн айтып берди, - Андан көрө баягы келишинде экөөнүн урушканын же жеке сүйлөшкөнүн билдиңби?

- Жо-ок эже, андайы байкалган деле жок.

- Анда байкуш балам өзү тим болсо керек, анын ой максатына жетсин деген го, же билинбеген бойдон калсын деген го, же аяп уялды бекен?

- Билбейм эже, экөө жөн эле бир туугандай сүйлөшүп отуруп эртеси узатып коюп кеткен.

- Ошондо барып эле үйлөнөм дебедиби.

- Бирдеме деп койду бекен?

- Андай болсо бир көз карашын байкайт элек да.

- Анда эмне болду экен?

- Ошол сөз чыгарбаса керек го.

- Ошондой, - Калыйпа ийин куушуруп койду.

- Байкуш балам сөз айтууга батынбаса керек.

- Ошенткен го, мен Эрлан келсе айтайын деп жатам, оюн билели ээ эже?

- Сурап көр, көңүлү бар же жогун билесиң.

- Ошентейин, көңүлү бар болсо узатпай эле үйлөнтүп коебуз, - Калыйпа чын дилинен айтып кубанып турду, эки күн туруп Гүлүйпа үйүнө кетти, аны Гүлайым концертке алып барды, базар аралатып шакек алып берди, кийимди өзүнө тандатып, атасына дагы костюм шым алып берип, белек-бечкегин берип жөнөттү. Ошол арада Эрлан бир дагы келбеди. Калыйпа ойлонуп отуруп бир жумада келген Эрланды тилдеп отурду, Насырынбек дагы бар эле.

- Балам, деги кайда жүрөсүң, үйгө келбей калчу болдуң да?

- Келбедимби? - Эрлан жер карады.

- Эми эч жакка барбайсың, сени үйлөнтөбүз.

- Үйлөнбөйм!

- Эмнеге?

- Ошо.

- Ой бала, сен качантан бери өзүңдү-өзүң билип калдың, апаң экөөбүз сени жакшы эле болсун дейбиз да.

- Жаман болуп калыптырмынбы? - Эрлан оройлоно карады.

- Ушу жакшыбы, апаңды укпасаң, же мени укпасаң.

- Угуп жатам го, болгону үйлөнбөйм.

- Эмнеге үйлөнбөйсүң, айтчы ошону? - Насырынбек ачуулу карады.

- Чындыкты айтайынбы? - деди Эрлан мылжыя.

- Чыныңды айт.

- Ата, апа мен үйлөнүп алгам!

- Эмне-е?!

- Ыя?!

- Ошол, болгону силер макул болсоңор болду.

- Эй Насыр, балаң эмне дейт ыя?

- Уктуң го өзүң деле?

- Ай бала, эч кимге айтпай үйлөнгүдөй жетим бала белең ыя?

- Жетимдер эле айтпай үйлөнөт бекен, аны мен сүйөм, бир баласы бар!

- Ко-оку-уй! - Калыйпа алаканын шак коюп алды, - Дагы эмне дейт бу бала?

- Ооба, макул болсоңор мен Аселге гана үйлөнөм, - Эрлан үңкүйүп отуруп калды, Насырынбек ойлонуп отура берди, экөөнү алмак-салмак караган Калыйпа өзүнчө ойлонуп баласын алдамак болуп жылмайган болуп Эрландын жанына келди.

- Балам, аны кой, биз сага Гүлүнү алып берели деп жатабыз, акылдуу сулуу кыз, өзүбүзгө дагы ылайыктуу болот го садагам.

- Эмне, Гүлүнү эмне кылам мен?

- Аласың! - деди Калыйпа өктөм, дал ушул учурда Гүлайым ачык турган эшиктен баш багып келе жатып токтой калды, - Кол баладай болобу, акыл-эстүү кыз Гүлү, сен ошого гана үйлөнөсүң!

- Жок! - Эрлан өйдө болду, - Мен Аселди сүйөм, башкага убара болбогула!

- Отур! - деди Насырынбек эми гана жан киргендей, - Эгерде бир аял деп ата-энеңди кыйып кете турган болсоң биз турагыбызды түйүп беребиз.

- Мен Аселди сүйөм дедим го?

- Сүйбөйсүң, ал сенин башыңды айлантып алган тур, ал кандай неме экен өлүгүңдү көрөйүн, балалуу туруп баламдын башын айланткан, - Калыйпа ачуулу кыйкырды, - Бизди биротоло кыйып коюп кете бер анда, экинчи басып келбе.

- Мени түшүнсөңөр ата, апа мен аны өзүм сүйөм.

- Жок, сенин жаштыгыңдан пайдаланган да, - деп Калыйпа күйүп-бышып жатканда Гүлайым артына бурулду: "Эми ушулар эле калды эле, баласына алып берем деп жүргөн тура, мен буларга буюмдай көрүнөмбү, кандай менин жүрөгүм менен эсептешпейт, баласын эмес менин каалоомду билгиси келишпейби, же балама жакса эле тийип алат деп ойлошобо", - деп ойлонуп сыртка чыгып өзүнүн үйүнө кетмек болуп дарбазадан чыгайын деп калганда Эрлан чыкты, анын артынан Насырынбек менен Калыйпа дагы чыгып Гүлайымдын кетип бара жатканын көрүп:

- Эрлан, кайт артыңа! - деди Насырынбек.

- Эрлан бери бас! - Калыйпа ага удаа кыйкырды, Гүлайым басып кете албай токтоп калды, Эрлан болсо жүгүргөн бойдон кетип бара жатты, - Гүлү кирбейсиңби үйгө.

- Азыр таеже, - Аргасыз кайрылды ал.

- Кетип бара жаттың беле?

- Жо-ок, колумдагы шакегим түшүп калыптыр, издеп жаткам, - Гүлайым калп айта бери басты.

- Азыр түшүп калдыбы?

- Байкабай калыпмын, жолго чейин карап келейин дегем.

- Алтыныңбы?

- Жок, күмүш шакегим.

- Аа-а, мейли, - деп коюп аргасы кетип алда качан көрүнбөй калган Эрлан кеткен тарапты карап коюп үйгө киришти...

Эрлан ачуусу менен Ош базарынын тегерегиндеги бык-бырдай кайнаган батирлерге келди, бул заводской деп аталган эң балит, адамдар көп жайгашкан чөлкөм, бир короого эбин тапкандар узунунан беш-он бөлмө кылып үстүнө дагы бир үй кондуруп бизнес кылган эпчилдердин айлампасы, Асел мойну ак куудай койкойгон, элик шыйрак, аркар көз, бели бир тутам жүзү аппак кагаздай болгон татынакай келин, бир жигит ала качып кетип балалуу болгондон кийин кызыл камчылыгынан баласын алып баса берген. Бир жылдан бери Ош базарда соода кылат, баласы ата-энесинде, Эрлан менен таанышып калып эле экөө бири-биринен ажырагыс болгон. Эми ал үңүрөйүп кирип келди:

- Сага эмне болгон Эрлан? - деди Асел, күүгүмдө кирип келген жигитине.

- Үйгө бардым.

- Уруштубу?

- Ооба, мен айтканымдан кайтпайм да.

- Эрлан, ата-энеңди сыйлашың керек.

- Өздөрү мени түшүнбөй жатышпайбы.

- Туура, сен үйлөнө элек болсоң айтат да, мен сага ыраазымын, келин экениме карабай сүйдүң, - Асел анын ийинине башын жөлөп алып кирпик арасынан жашы тамчылай улутунуп ийди.

- Асел, сен мени сүйбөйсүңбү?

- Сүйөм, бирок сенин багыңды байлагым келбейт.

- Менин бактым сени менен гана Асел.

- Жок, бул жөн гана өзүңдү-өзүң алаксытуу Эрлан.

- Андай эмес, мен эми сени менен гана болом, - деп Эрлан өз оюнан кайтпады, ал азыр алдынан ташкындаган сел келсе дагы даяр эле, болгону жанында Асели болсо болду, чын жүрөгүнөн сүйдү, керек болсо жанын кыюуга даяр болчу. Асел ага канчалык айтса дагы болбоду, ал тургай өзүнчө иштеп молдого нике кыйдырып алды, негизи экөөнүн жашы бирдей эле, болгону Асел турмушка эрте чыгып балалуу болуп калганы айрыма, бирок Асел ага ачык эле өзүнүн ылайык эмесмин айтып келет, ага Эрлан болбой эле:

- Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар, - дегендей мен сенден башкага өлсөм да барбайм, - деп өжөрлөнөт. Кечээги барганда Аселдин апасы келип калып эле кеткен болчу, ата-энеси бардар кишилер, Асел беш баланын ортончусу, улуу агалары эл агылып Россияга кетип жатканда эки агасы биринин артынан бири кетип бири дайынсыз жоголду, бири иштеп ошол жактан үйлөнүп алып келбей кээде гана акча салып бар экенин билдирип турат. Аселден кийинки сиңдиси күйөөгө чыгып жашап жатат, бир баласы бар, эң кичүүсү мектептин акыркы классында окуйт. Айтыкул менен Бактыкан отуз жыл бирге жашап бири-бирине жаман сөз айтышкан эмес, эми эки уулунун бири дайынсыз болуп, бири ошол жактан үйлөнүп алып келбей, Асели ордун таппай калганга экөө тең муңдуу, бири-биринен көз карашын жашырып күнүмдүк жашоонун гана тузу калгандай. Алыбеги азырынча жаштык кылат, бирок мектепти бүтөөрү менен окууга тапшырам деп жүрөт. Аларга эрмек болуп көңүлүн бөлгөн, кубаныч тартуулаган бир гана эки жаштан өтүп калган Баел, Аселдин баласы. Асел күйөөсүнөн баса берип баласын таштап өжөрлөнө соода жасап жүргөн кези. Эрлен беттеген оюнан кайтпай жашап жүрө берди, Асел соодасын кеңейтип чоң орун алып иштей баштаган, Эрлан ага жардам кыла баштаган, үйүнө барбай койгон. Бир күнү Мирлан аялы Зарина экөө базарда жүрүп Эрлан менен карп-күрп беттешип калышты, жакында эле ата-энесинен угуп калышкан, бирок дарегин билбей отуруп калган эле.

- Сен кайдан? - деди Мирлан инисин көрүп.

- Иштеп жүрөм, - Эрлан жер карады.

- Үйгө качан барасың?

- Барбайм.

- Эмнеге?

- Үйлөнүп алгам.

- Сен соосуңбу өзү? - Мирлан ага жини келе ийинден булкту,

- Соо элемин, өзүм сүйгөн аялга үйлөндүм.

- Каякта ал?

- Тигине, тээтигил соода жасап жаткан келин.

- Кайсы-кайсы? - Зарина кызыга моюн созду.

- Тигине, тигил жакта турбайбы? - дегенде Мирлан карап эле көзүн албай туруп калды.

- Ошолбу, баласы бар экен дебеди беле? - деп Зарина сурап ийди.

- Бар, өзү мени менен тең.

- Жүрү кеттик, - Мирлан аялын колунан тартты.

- Кое тур, дарегин алалы, - Зарина кылчактады.

- Эмне кыласың, - деп бурк эте жетелеген бойдон чыгып кетти, Зарина күйөөсүнө таңгала карап базардан чыкты, Мирлан дулдуя сүйлөбөй үйүнө келди, үңкүйүп көпкө отуруп анан, - Атамдарга барып келеличи.

- Эмнеге?

- Эрланды үйлөнтүш керек.

- Келин жагып калдыбы? - Зарина күлүп калды.

- Алар бир кемпирди алып алды десе керек да, - деди Мирлан анан, - Барып айталы, антпесе алар жүрө берет, эртелетели.

- Макул, а баласы эмне болот болду экен?

- Бала эмне жүрө берет да.

- Туура, балада эмне күнөө? - деп Зарина ойлуу карады, алар кайра эле жөнөштү, алар келгенде Калыйпа өзү эле отурган, келини экөө тең өөп анан отуруп калышты, ал уул-келининин жөн келбегенин сезди, бирок билмексен боло унчукпай отура берди, Зарина чай койгону ашканага кирип кеткенде:

- Эрландан кабар барбы? - деди.

- Апа, аны үйлөнтүш керек.

- Ийи, эмне болду?

- Анын кызы өзүнө теңтуш эле экен, сүйүп калса алып берүү керек.

- Балалуу келинди алып берсек дейсиңби?

- Ооба, келин жакшынакай экен, балаңдын сүйгөнүнчө бар экен.

- Өңүнө кызыгып акыл-эси кандай экенин билбей азгырылып жүргөн немени үйгө киргизбейм! - Калыйпа терс бурулду.

- Апа, түшүнсөңүз мени, ошентип Эрланды кечип таштайсызбы?

- Өзү ошону каалап жатса жүрө берсин.

- Анда мени дагы унуткула! - Мирлан ордунан турду.

- Ой бала, сен мени коркутасыңбы? - Калыйпа ормое карады.

- Коркутканым жок, - Мирлан босогого жеткенде Зарина дасторкон алып келип калды, - Кеттик.

- Эмне болду, үйдөн дагы чай ичирбей алып келдиң, кардым ачты.

- үйдөн ичесиң, - Бурк этти Мирлан.

- Отур! - деди Калыйпа өктөм, - Чоңоюп алгандан кийин өзүңөрдү өзүңөр билип калат экенсиңер да ыя?

- Эмне болуп кетти? - Насырынбек кирди.

- Эмне болмок эле, эне-атаны сыйлабаган балдарды тууптурмун да, Калыйпа бышактап кирди, - Бала экенинде эле жакшы тура, уруп койсоң унчукпай калган, боорун жерден көтөрөөрү менен өз билгенин кыла башташты.

- Болду байбиче, ачууланганда эмне? - Насырынбек дасторкон четине отура кетти, - Эрлан келген жокпу?

- Ошонун ызы-чуусу да, - деди үңүрөйгөн Мирлан, анан көргөнүн айтып берди, ал өз оюн айтты, анан баятан бери жинденип ыйлап жаткан Калыйпа келинди көрүп келмек болду. Эртеси Зарина экөө базарга жөнөштү, Эрлан жок эле Асел соода кылып жаткан, анын жанына Калыйпа келди.

- Кызым, мунуң канча? - деди Калыйпа.

- Беш жүз элүү сом апа, түшүрүп берем, - деп көздөрүн күлүңдөтө соодам болуп кетсин дегендей жал-жал карады Асел.

- Жакшы экен кызым, дагы байкап көрөйүн, - деп ары басты, Зарина бери жактан карап турган эле.

- Эмне болду апа, жактыбы келин? - деди ал кайненесин көрүп эле.

- Билбейм, бечара бул да бирөөнүн баласы да, - деди Калыйпа ойлуу.

- Сизге жагып калган го? - Зарина күлүп койду.

- Тим эле сүрөттөй экен тобо, сулуу десе көптүн бириндей деп ойлодум эле.

- Чыны сулуу экен, балаңызга жагып калган да.

- Жакканынча бар экен, - Калыйпа үйүнө ойлуу келди, ошентип алар үйлөнтмөк болушуп Заринаны алардын орунуна жөнөтүштү, ал Эрлан көрүнмөйүнчө карап туруп ал Аселдин жанрына келээри менен жетип барды, ал кайнисин өз эле атынан айтчу.

- Кандай Эрлан?

- Кел жеңе.

- Мени атамдар жөнөтүштү, силерди үйлөнтмөк...

- Чын элеби? - Эрлан кубанычтуу карап, - Асел, бул агамдын келинчеги, - деди жылмая, - Атамдар макул болушуптур!

- Саламатсызбы? - деди Асел ыйбаа кыла, ортолору ашып кетсе үч-төрт жаш эле.

- Саламатчылык, эртең даяр тургула, машина менен келип алып кетебиз.

- Макул жеңе, сөзсүз даяр болобуз, - деп Эрлан кубанычтуу жымыңдады.

- Кайсы жерден алып кетебиз?

- Ушул эле жерде болобуз го? - деди Асел акырын, ал өзү жашаган баш аламан батирин көрсөткүсү келбей турду.

- Макул анда, мен кеттим, - Зарина ылдамдай басып кетти, ал кайнатасыныкына барды, анткени туугандарын чогултуп даярданып жатышкан, анын бир балалуу келин, бир баласы бар экенин ооз ачышпады. Гүлүйпа келип аны менен кошо Гүлайым дагы бирге келген. Ал дагы жакында өз жүрөгү каалаган Тимурга макулдугун берген, азыр Тимур жүгүрүп үйлөнүүнүн камын көрүп жүргөн убак. Калыйпа келин кирчү бөлмөнү даярдаганы менен өзүнчө бүкү-түкү, баласын ала келеби деп сары санаага батып алган. Кечке маал Эрландын достору чогулуп бир унааны жасап Асел менен Эрланды отургузуп келип калышты. Калыйпа эжесине карады:

- Эже, келинге жоолукту өзүң сал, Дамира сен чачыла алып чык!

- Келди, келинди алып келишти! - деп сырттан бирөө киргенде жабыла чыга калышты, Асел аппак көйнөктү узу-ун кылып кийип алыптыр, көргөндөр асмандан периште түшүп келе жаткандай болуп жалдырап эле карап туруп калышты, чачтары ийинден ылдый түшүп көйнөгү делбирей Эрландын жетегинде келе жатты, ошондо элдин ичинен бир аял:

- Ботом, чачыла чачпайсыңарбы, келин келбедиби! - дегенде баятан бери жашоо токтоп калгандай өкүм сүргөн тынчтык бузула ар кимиси жүгүрүп калды, Мирлан эси ооп эле Аселден көзүн албай кыймылсыз турган: "Неге мурда көрүнбөдүң, мен кантем, бир көрүп сүйүп калганым үчүн күнөөлүүмүнбү, мен иним үчүн эмес өзүм үчүн атамдарды көндүрдүм, Заринага билгизбешим керек", - деп турганда:

- Ээ-эй, сага эмне болду, бияктагылар келиниңди жуу деп жатат, - деп түрттү Зарина.

- Жууса жууйбуз да, - деп анын жетегинде жөнөдү. Келинди эбак киргизип чуулдап калышкан эле. Эрландын достору өзүнчө дуулдап жүрүшөт, Гүлайым Аселди көрүп чыныгы сулуу экенине тан берди, куттукташып коңшулары келип, улак кудайын өткөрүп жатып кыздын ата-энесине киши жөнөтүштү, Насырынбек менен Калыйпа эч нерсесин аябады, ачуу басарына кырк миң сом бир союш, бир ящик арак менен конфет, печенье кылып берип ийишти. Айтыкулдар баргандарды жакшы тосуп алышты, кой союп коноктоп төрт киши бараарын айтып узашты, Бактыкан Асылды күйөөсү менен чакырып, иниси Барпыгулду аялы менен жөнөтүштү. Жол алыс болгондуктан кудасын чакырта алышпады, кудаларын сыйлап жыйырма миң сом коюп, кийитти жакшы кийгизишти, ошентип Эрлан бактылуу болуп тилеги орундап ата-энесине ыраазы болуп күндө базарга экөө барып келип оңуп калышты. Айтыкул менен Бактыкан кеңешип Баелди аларга беришпеди, алар кызынын тынып калышын тилеп калышты. Барпыгул менен Сейне аябай мактап келишти, үйлөнө элек жигитке чыкканын угуп да ойлонуп жатты Бактыкан: "Өңү-түсүнө карап алып алса кийин бир балээ болуп дагы эрден чыкпагай эле, жараткан, балдарыма бак бере гөр", - деген ойдо сеп даярдап жатканда Баелди алып кетем деп келип калышты. Айтыкул аларга токтоо карап:

- Баланы бере албайбыз, кайда барсаңар дагы ала албайсыңар, - деди.

- Эмнеге, бала биздики го? - Кайненеси чукчуңдай карады.

- Бала силердики болгондо ага күбөлүк алып койдуңарбы, кантип талашасыңар?

- Бала биздики.

- Баланы он сегизге чыкмайын ала албайсыңар, - деди Бактыкан.

- Алабыз эле, энеси эрге тие качып кетсе албаганда кантебиз?

- Болуптур, бир айдан кийин алып кеткиле, бир гана шарт менен, - деди Айтыкул.

- Кандай шарт экен, өз балабызга шарт коесузбу куда? - деди Баелдин атасынан улуусу, - Бул кандайча?

- Баел азыр менин атымда, талашсаңар дагы ала албайсыңар, ушуга чейин бир келип балага күбөлүк алып албайт белеңер? - Айтыкул аларды сыдыра карады, - Эмки шартым күбөлүк алып туруп анан келип алып кетесиңер, болбосо тынчыбызды албагыла, дагы ушинтип келсеңер сотко берем!

- Болуптур, - дешти да алар чыгып кетти, Бактыкан себи бүтүп анан кызына бараарын айттырып ийди эле Насырынбек кудасын ошондо чогуу келсин деп айттырып ийди. Ошентип себин жети-сегизи биригип алып келди, Асел бул жолу баарын өзү даярдап жатканын айтты эле Калыйпа ага болбоду, бирок уул-келинине ыраазы болуп сүт акысына бир уй демек болуп күтүп калышты. Септи абдан жакшы алып келди, он жууркан кыжымыдан, он курак төшөк, терезе парда, эшик парда, деги эле бир үйдүн бүт жабдуусу менен гарнитур, ашкана үстөлүнөн өйдө берди. Кетээрде Айтыкулдун тапшырмасы менен Бактыкан кызына сүйлөшүп турду.

- Кызым, Баелди атасы талашып жатат, эмне кылалы?

- Эмиби?

- Ооба, - Бактыкан болгонун айтып берди, - Сенден бир ооз сурайлы дедик.

- Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле апа, алса алып кетсин.

- Ошент балам, эми баланы төрөп аласың, ал деле сеники, талаштырып кайра-кайра келтирбей берип коелу, өз атасы эмеспи.

- Макул, - деди Асел, эне-бала ошентип кеңешишти, Насырынбек аларга кетээрде эне сүтү деп бир уйду салып берип жөнөттү. Келинине ыраазы, анын илбериңки кыймылы, ыйбаа кылып өздөрүн сыйлаганы, кылган эткени жагып кубанып калды, бирок турмуш деген табышмактан турат эмеспи, келип-келип эле ушул келини менен калаарын сезишкен жок. Асел келгенден тартып эле Мирлан Заринага анча көңүл бурбай калды, өзү дагы эки жылдан ашса дагы боюна да болбой жүргөнгө кыжаалат болуп жүргөн, Аселдин боюнда бар, аны көрүп ого бетер ыза болуп врачка көрүнүп да көрдү, бирок сүйлөшүп алгандай бир ооздон: "Төрөй албайсың", - деген жооп угат. Бирок анысын Мирланга айтпай жүргөндө ал таптакыр эле карагысы келбей, жумуштан кийин деле атасынын үйүнө кетип калып кеч келет. Барганда эмне келинин уурдана карап улутунуп алат да кайра чай ич", - дегендерине болбой кетип калат, үйүнө барбай басып жүрө берип кеч кайтат да келип жатып алат.

- Мирлан, - деди бир күнү Зарина, - Сен эмне болуп жүрөсүң?

- Эмне болуптурмун? - Көмкөрөсүнөн жаткан бойдон күңк этти.

- Баштагыдай эмессиң...

- Эмне кылайын? - Өйдө болду, - Мени менен теңдер экиден балалуу болушту, бизде бирөө дагы жок.

- Кудай берсе болот да.

- Врачка көрүнбөйсүңбү?

- Көрүнгүдөй карып калдым беле, болот да бир күнү.

- Сен төрөбөйт окшойсуң?

- Мирлан, ушуну кантип айттың? - Зарина бышактап ыйлап кирди.

- Бышактабай көрүн, төрөсөң төрө болбосо ажырашабыз!

- Эмне-е?

- Ошол! - деди да кайра жатып алды, Зарине түнү бою ыйлап чыгып дагы бир амал ойлоп тапты, эртеси бир таанышына барып сүйлөшүп күйөөсүнүн бир оорусу бар экенин, төрөй албай жүргөнүн айтып дары жаздырып алып келди, кечинде Мирланды күтсө жок, ал аябай кеч келди, абдан кызуу экен.

- Мирлан, эмнеге ичип алдың? - Зарина жалдырай колтуктап ичкериге алып кирмек болду эле колун силкип жиберди:

- Турчу нары!

- Мирлан.

- Жолобо, мен сенден ажырашам.

- Жинди болбо Мирлан.

- Менин сени көргүм жок.

- Билем сени, - Зарина ыйлап жатты, - Сен иниңдин аялын көргөндө эле ашык болуп калгансың, ошондо эле билгем.

- Эй канчык, каяктагыны айтпа!

- Анан эмнеге ошондон бери мага карагың келбей калды.

- Жа-ап кал оозуңду, канчыкча жок ит, ит дагы төрөйт, сен төрөбөйсүң!

- Мирлан, антип айтпачы, кудай берип койсо төрөйм го?

- Качан, төөнүн куйругу жерге тийгендеби?

- Кудай бергенде.

- Жогол азыр, жанчып сала электе көзүмө көрүнбөй кетип ка-ал! - Мирлан бакырып колун көтөргөндө үйдөн качып чыкты. Ал ыйлап отуруп Мирлан уктап калганда кирип жатып калды, эртең менен Мирлан башы ооруп эрте туруп ашканада уктап жаткан аялын көрүп сыртка чыгып кетти. Мирлан негедир башкача болуп бара жатты, аны Зарина алдап өзүнүн төрөбөстүгүн билгизбегени менен үмүтүн үзбөй: "Төрөп калаармын, врачтар билбейт окшойт, кантип эле төрөбөй калмак элем", - деп ойлонуп жүргөн эле.

- Мирлан, сен уксаң, мен көрүнсөм экөөбүзгө бул дарыны жазып берди.

- Эмнеге? - Кыртышы сүйө бербей карады.

- Экөөңөр тең ичкиле дейт.

- Анан.

- Анан боюма болуп калаар...

- Мейли, - деп бош айтты, ал көп ойлонуп кээде башы оогон жакка басып бара жатып эмнеге кайда бара жатканын унутуп калчу болду. Бир туруп инисин жек көрүп өлтүрүп туруп Аселди колдон алып көз көрбөгөн жакка басып кеткиси келчү болду, кээде ата-энесинин көздөй көргөн эки гана уулдары экенин ойлонуп аны унуткусу келип жүрдү. Эми Заринанын айтканына саал ынана ал берген дарыны ичмек болду: "Ичсе ичейин, акыры төрөсө жашап калаарбыз", - деп өзүн алаксытты. Бирок кайдан төрөбөгөнүнө көзү жеткенде Зарина ыйлап-сыктап апасына барып болгонун айтып эжесине сүйлөштү да Россияга кетип калды. Мирлан үйдө жалгыз өзү калып жумушунан кийин атасыныкына барат да Аселди карай берет, анын айы күнү жетип калганга ого бетер сулуу көрүнөт, туптунук аппак жүзүнө болоор болбос сары сепкил түшкөнгө өзүнө жарашып балпая көрүнөт. Жүрөгүнө эч нерсе барбай арыктап да кеткен, Калыйпа аны Заринанын кетип калганынан көрүп уулуна боору ооруп калат. Көп өтпөй Асел уул төрөдү, Эрлан кубанып жүрөт, атын Манас деп коюшту, Мирлан үйдө болуп калды, эси дарты, эки көзү Аселде, алар өз бөлмөсүнө киргенден баштап түндөсү аңдып туруп анан жатат. Инисин ошол кезде мыжып өлтүрүп койгусу келет, бирок өзүн кармап калат, бүгүн дагы ата-энеси жаткандан кийин каалганын түбүнө келип тыңшап турду, демейде үн угулбастай катуу жабылган эшик кыңкайып ачык экен.

- Жаным, мен абдан бактылуумун, - деген инисинин үнү угулду. - Мен дагы, - Аселдин назик үнү.

- Бактылуусуңбу жаным, өкүнгөн жоксуңбу?

- Жо-ок, - Аселдин үнү эркелей шыңк этти, - Сага жолукканыма бактылуумун.

- Мен дагы, ошол күндү эч унутпайм.

- Уулубуз мага окшош ээ? - Өбүшкөндөй болду, Мирлан уятты, иниси экенин унутуп кирип бармак болуп обдулуп барып токтоп калды.

- Сага эмем, мага окшош.

- Жо-ок мага.

- Жо-ок мага, - андан нары эмне кылат эле атасынын жөтөлгөнүн угуп өзү жаткан бөлмөгө кирип кетти, Насырынбек сыртка чыккандай болду, ошол бойдон ойлонуп жатып уктап кетти, эртеси башы ооруп калыптыр таң заардан туруп кетип калды, ал андан ары чыдай албайт эле. Күндө иниси менен келинин аңдып күн көрө алмак эмес. Үйүндө жатып тамак-ашы жок ичип жата берди. Анын келбей калганынан улам Калыйпа кабар алганы келсе үй ичи арактын жытына толуп башкача болуп кетиптир, өзү сакалы өсүп, көздөрү чүңүрөйүп кирип кеткен:

- Кокуй балам, бул эмнең, эмнеге ичип атасың? - деп Калыйпа колундагыны алып койду, - Кебетең кантет балам?

- Азап апа аз-зап! - Мирлан сөөмөйүн чычайтты.

- Зарина кеткенге ичип жатасыңбы, келет да эмеле.

- Жо-ок, мага куу жатындын кереги жок!

- Эмне дейт, ал жаш да төрөйт балам, - деди ал, анткени алардын урушун билишпейт эле, Заринаны сураганда Россияга эжесине кеткенин айткан, иштегени кеткен экен деп ойлоп жүрүшкөн болчу.

- Жок апа, ал төрөбөйт, - Мирлан жатып калды.

- Кудай ай, мындайын билбей калбадымбы, - деп Кейиген Калыйпа жылуулап жаап карап отуруп үйүн жыйнады, жууп тазалап, төшөнчүлөрүн жыйып коюп ойгонушун күтүп турду, ал кечке маал ойгонду, көзүн ачып тура калып:

- Апа, качан келдиңиз? - деди башы ооруп турганын билгизбей.

- Качан эле келгем, сага өзү эмне болгон? - деди сырын тартмак болуп.

- Эчтеке, - деп эптеп туруп сыртка чыгып кетти, ал келгенче жасаган тамагын асытып, чай кайнатып күтсө келбеди, көрсө камокко кетип калыптыр, ал күнү Калыйпа баласына аркы-беркини айтып үйүнө ээрчитип кетмек болду эле ага Мирлан болбой койду, ары карап бери карап акыры үйүнө кетти. Ал келээри менен Насырынбек:

- Эмне болду, балаң бар бекен? - деди.

- Ооба, - деп келининин көзүнчө унчукпай үйгө кирди, - Үйүндө эле экен.

- Тынч аманбы деги?

- Жакшы эле.

- Ошондой болсун, - Насырынбек дагы ошенткени менен аялынын жүзүнөн бир нерсени сезгендей болду, бирок сурабады. Эрлан Аселдин жаш баласы менен үйдө болуп калганынан улам базарга чыгып кеч келет, ал келгенде тамактарын ичип анан өз-өз бөлмөлөрэнө кирип кеткенде:

- Мирландын абалы начар, - деди Калыйпа.

- Эмне болду?

- Ичип жатыптыр.

- Алып келе бербейт белең?

- Сүйрөп келемби, болбой койду.

- Эмне болду аларга, келиндин кеткенинде бир кеп бар.

- Аны төрөбөйсүң деп кетирген го.

- Ошентиптирби?

- Ооба, эми Зарина келбейт го.

- Жакшы келин эле.

- Минтип жүрсө катардан чыгат, үйлөнтүп коюш керек.

- Кайдан табасың?

- Толуп жатпайбы.

- Ээ кемпир, оңой болбойт го?

- Болот эле, өзүм табам, - деп Калыйпа ойлонуп калды: "Гүлүнү алып беремин, эжем мага бербей көрсүн, ага ачык айтам, аял кое берсе эмне экен, балама ылайык эле, андан ашыкка бармак беле, келбей дагы койду", - деп ойлонуп жатты, ал алдыда кандай оор окуя болуп кетээрин сезбеди, эки көзүндөй болгон эки баласынын бири-бирин өлтүрөт деп ким ойлосун. Кыялында Гүлайымды келин кылып алып кубанып уйкуга кетти...

Гүлайым Тимурду катуу сүйдү, ал дагы аны сүйүп бири-бирин көрбөсө тура албай калышкан, Айнура менен Шүкүр ичкенин койбой ини-карындашын иштеп өзү багып жүргөндө сүйүүгө кабылып калды. Ал Гүлайымдан айрылган күнү өзүн жашай албай калчудай сезет. Бир күн көрбөй калса тынчы кетип куса болуп кетет, ал келбей калса Гүлайым дагы жол карап кирип-чыгып карааны көзүнөн учуп кетчү болгон. Тимур бир күнү кечинде катуу мас болуп уктап калган ата-энеси эртеси ойгонгондо маңдайына отургузуп алды:

- Силер ушинтип ичип жүрө бересиңерби, анан көз ачпай жүрүп өтөсүңөрбү? - деди жини келе карап, - деги адам катары жашай турган оюңар барбы?

- Сенин акчаңа ичип жатабызбы? - деди Шүкүр кенебей.

- Акчабы, силерге акча анан арак керекпи? - Үстөлдү бир муштады, - Мына мен жыйырма бешке чыгып өтүп бара жатам, силерде бир ата-энелик сезим барбы?

- Эмне кыл дейсиң эми айтчы? - деди Айнура араң сүйлөп, али масы тарай элек болчу.

- Мен үйлөнүшүм керек!

- Ыя? - деп Айнура отуруп эле калды.

- Үйлөнө бер! - деп койду Шүкүр колун шилтеп.

- Кантип силердин кебетеңер бул болсо...

- Үйлөн, тап...

- Табам, силер кишидей болосуңарбы деги?

- Биз сага ким көрүнүп жатабыз, адам элебиз, - Шүкүр кайдыгер туруп кетмек болду.

- Отур! - деди Айнура ага, - Укпай жатасыңбы, бала үйлөнөм дегенин.

- Укканда эмне кылам?

- Үйдү актайбыз, - деди Айнура, Тимур апасына ыраазы боло түштү, ошентип аларга баарын алып келип берди, үйүн акташты, бир бөтөлкөнү коюп алышкан, Тимур Шүкүрдүн агасы менен инисине барды, алар тың турчу, эптеп Айнуранын апасы келин кызынын түрүн көрүп кейип, урушуп тилдеп төшөнчүлөрүн оңдоду, бир айдай даярданып намыска бек туруп ага-инилери колдорунан келгенин алып келип үйлөнткөнгө камынып калышты, алар кызга сөйкө салып анан каада менен алып келгенге кудурети жок эле, анан ала качып эле келмек болду. Тимур башында эле Гүлайымга ачыгын айткан эле, ал аны түшүнүп баарына макул болду, бирок Шүкүрдүн иниси Шакир келинди өзүнүн үйүнө алып баргыла дегенде макул болушту, анткени канчалык актап койсо да ичи көзгө комсоо, конок күткөнгө ыңгайсыз эле. Алар келинди Закирдикине алып бармак болуп күтүп калышты. Айнуранын агасы эки иниси эжесинин ичкенине намыстанышып он миң сомдон беришти, апасы эки кой, сиңдиси беш миң сом бир кой берди, ошентип келинди алып келишип түлөө өткөргөндөн кийин ачуу басарга жөнөштү, Шүкүр менен Айнура болсо уурдана ичип алып эптеп арасында жүрдү. Аларды эч кимиси адам деп ойлоп деле коюшкан жок. Закир өзү баш болуп кудаларга жыйырма миң сом бир кой берип ийди. Аскер алып барганына анчалык капа болбоду, жөн гана Гүлайымдын келечегин ойлоп: "Жайсыз жерге барганбы, бактылуу болсо болот эле, өзү сүйлөштү бекен", - деп кыжаалат болуп аларды сыйлап узатып анан эртеси Куматты Тураттарга жөнөттү. Алар келгенде кудалардын алып келгенин алдына коюп:

- Мен арбактын парзын аткардым, кыз силердики, бул кыздан келди, союшу бар, - деди эле Турат күлүп:

- Тапкандыкы эмес баккандыкы дейт аке, андан көрө барып кызыбыздын абалын көрөлү, өз көңүлү менен бардыбы же зордоп ала качтыбы, бизге ошол маанилүү, - деди.

- Туура, мен дагы ойлонуп жатам, киргизбей коюшка болбоду, сүйлөшкөн экен дешти.

- Кызым эмне күндү көрүп отурат, тезирээк баргыла эми, - деди Гүлүйпа. Канайым менен Эркайымды күйөөлөрү менен, Турат менен Канат, Кумаш менен Наргиза болуп сегиз адам кууп барышты, муну угуп алып Калыйпанын жини келди, Канайымга Гүлүйпа дайындагандыктан аны дагы кошуп алышкан. Ал куданын үйүнө бараарда:

- Гүлүнү алып эле баса бериш керек, ата-энеси алкаш кокуй, агасынын үйүнө тосот окшойт, кызды ал жерге таштабайлы, - деди чыйпылыктап.

- Кантип, кыз өзү сүйлөшүп барган дейт, - деди Кумат.

- Сен кайдан билесиң, канча жылдан бери кошуна болуп жашаган мен билем, - деп аларды үйүнө калтырып Канайымды ээрчитип өзү барып, - Кызды кое бергиле, аны бул жерге калтырбайбыз, тапкан экенсиңер талаада жаткан кызды! - деп жулкуна үйгө киришти, - Кана, кыз каякта?

- Бул жакта, - деди бир келин ары боло берип.

- Гүлү, Гүлү садага болоюн десе, бас кеттик кызым, сен Шүкүрдүн баласына тийип кайсы жыргалды көрөт элең?

- Таеже, кечириңизчи мени, Тимурга өзүм келдим, - деп Гүлайым жер карады, - Эже, мен өзүм сүйлөшүп келдим.

- Жо-ок, сени бул жерге калтырбаймын, - деп Калыйпа колунан сүйрөп жөнөгөндө Канайым:

- Таеже, кой сүйлөшүп келген тура, - деди акырын.

- Эмне, унчукпай таштап кетмек белек, айта берет кыз деген, келгенден бери көндүрүштү да, минтип айт, антип айт деп, ушу алкаштын баласына койбойм! - дегенде сырттан Закир кирип келип:

- Калыйпа, атасы алкаш болсо биздей тууганы бар, намыска жарай тургандар, эл-журт бар, келин өзү сүйлөшүп келдим деп жатат го, мындан башка кандай сөз керек, жаштарга жолтоо болбо! - деди салмактуу.

- Таеже, коюңуз эми, - Канайым Гүлайымга барды, - Бактылуу бол Гүлү, сен өзүң макул болсоң эле болду, - деп эки бетинен өөп анан чыга берди, Калыйпа таарынып барбай койду, алар сый көрүп, алдына койгон жыйырма миңди алып кете беришти. Кийитти өтө жакшы кийгизбесе дагы жакшылап коноктоп кешикке бир кой союп бышырып салып беришти.

Бир жумага жетпей баарын уккан Гүлүйпа көшөгөсү менен жетим себин алып сиңдисин, эки абысыны менен Тураттын аялы Сайра менен Күмүш болуп келип калышты. Күмүш өзүнчө даярдаганын алып келип чоң сеп келгендей эле болду, Закир менен Шакин дагы өздөрү тозушту, Тимур бир аз каткан акчасын аларга берди, Шүкүр менен Айнураны көрсөтүшкөн да жок, анткени алар келин алганын шылтоолоп улам ичип тоюп алып мас болуп калып жатышты. Гүлайым менен сүйлөшкөн Гүлүйпа алардын өз үйүнө көчөөрүн укту, күйөө бала жагып калды, бирок ата-энеси тигил болсо алган тарбиясы кайсы, кийин ал дагы ошентип кетеби дегендей күдүк ой турду жүрөгүндө. Бирок өзү Гүлайымдын айтканына ишенди. Айткандай эле он чакты күн өткөндө Тимур экөө өз үйүнө кетмек болду эле Закир эл катары союшун союп боорсок жасатып өз баласындай эле аларды төркүнү алып келгендерин берип көчүрмөк болуп жатканда Айнура:

- Ийи, биздин үйгө барсаңар болбойбу? - деди баласына таарыныч кыла.

- Апа, эмнеңерге барабыз, элдей сый көрө албасаңар, келин бала жөнүндө ойлонуп койбосоңор, мен эмне кылышым керек? - деди Тимур.

- Эмне кыйын болуп кеттиңби, менин дагы теңтуштарым бар, алган бергендерим бар, келин алдым деп бир кой союп тойчук берем, - деди Айнура өпкөлөнө.

- Кайсы теңтушуңар апа, арак досуңарбы, Гүлайымга андай жаман жагыңарды көргөзбөгүлө, ансыз дагы силердин ичкениңерден уялып бүттүм, - деп болбой койду. Закир, Шакир аялдары менен жеткирип коңшу-колоңун, Гүлайымдын иштешкендерин чакырып бата алышты, анан Тимур менен Гүлайым кеңешип үйлөнүү тоюн өткөрүү жөнүндөгү оюн, качан болоорун аларга айтып анан узатышты. Тимур бир аз өз ата-энесинин жоругуна басынып жүрдү. Гүлайым өзүн бактылуу сезип Тимурга эркелей:

- Тимур, эмнеге кабагың ачылбайт? - деди өздөрү калган күнү.

- Эчтеке Гүлүм, өзүмчө эле.

- Мага үйлөнгөнүңө капа болуп жатасыңбы?

- Кайсы арыма Гүлү, элдей болуп ата-энем келип сыйын көрө албаса...

- Койчу Тимур, андан көрө экөөбүз барып кем карчын берип туралы.

- Кереги жок, эсине келсе адам болушаар.

- Болбойт, мен өз ата-энемди көргөн жокмун Тимур, өз баласындай асыраган ата-энеме ыраазымын, андан көрө аларды дарылаталы, жанагы кошо ичкендерден бөлүп өзүбүзгө алалы, ошондо алар оңолуп кетишет, - деди Гүлайым.

- Дарылатканга болот дейсиңби, кайра эле ичип алышат экен го?

- Болот, алардын көңүлүн көтөрүп эмне кааласа бериш керек, ошондо алар түшүнүшөт, - деп Гүлайым чын дилинен айтып турду.

- Алтыным, кудайым кошуп койгонун.

- Мага дагы, мага дагы сени кудай жолуктурду...

- Өкүнгөн жоксуңбу?

- Жо-ок, неге өкүнөм? - Алсыз шыбырап күйөөсүнүн жалынычтуу үндөрү чыгып бири-бирин рахатка бөлөп онтологон шыбыр чыкты.

- Жаным.

- Сенсиң менин жаны-ым.

- Алтыным.

- Сенсиң менин алтыным...

- Гүлү.

- Ийи.

- Ыраазысыңбы?

- Аябай, күйөө менен аялдын рахатын тартуулаганыңа-а... - Андан ары экөө тең онтоп барып жатып калышты, бир аздан кийин Гүлайым кыткылыктап өзүнчө күлүп кирди.

- Эмне болду?

- Кызык.

- Эмнеси кызык?

- Аял менен эркек ушуну менен жакын болгону.

- Ооба, дал ошондой жаным, мунсуз болмок беле? - Кайрадан өбүшүү, онтоо жалынуу, жаш жубайлар ошентип таң атырып эртең менен экөө эки тарапка жумушка жөнөшөт, убакыт учкан куш демекчи Гүлайымдун окуусу башталып күз келип калды, анын контрагын Аскер төлөп берген, агалары дагы келип керектүүсүн берип акчадан камсыз кылып турушат. Гүлайымдын айтканы менен Тимур ини-карындашын өзүнө алып ата-энесин дарылатып он беш күндөн киийн үйүнө алып келишти, наркы үйүнө уста салып толук оңдоого беришти. Артур менен Аиданы таза-тыкан кийгизип мектепке жөнөтүшөт, алардын кубанычында чек жок, Айнура ичкенин токтотконго өңүнө кирип өзүнө карап калды, аял эмеспи, болгону кырк эки жашта эле, Шүкүр да момпоюп бергенин ичип үйдөн чыкпай калды. Тамак-аш муздаткычта толтура, экөө каалаганын ичип телевизор көрүп чалкалап жатып оңуп калышты, ошондой күндөрдүн биринде:

- Шүкүр, эми ушул бойдон ичпейли, - деди Айнура.

- Сен өзүң да, аял киши эркек менен тең жарышып ичип жүрсө кантип оңолот?

- Мени сен эле көндүрдүң?

- Эми ичпе.

- Сенчи?

- Көрөм, эркекке эчтеке эмес.

- Дарылангандан кийин ичке өлүп калат деп жатпайбы?

- Айта берет, бирок ичкенге деле моокум жок, - деп койду Шүкүр.

- Өз балабызды өзүбүз үйлөнтө албай уят эле болдук.

- Атасы менен агасы турбайбы, алардын менден айрымасы кайсы, ошолор үйлөнтсүн, - деп койду, - Алар деле көрдү да.

- Менин төркүндөрүм деле берди го.

- Ооба, аларың кыйратты дейсиңби, - Экөө кыжылдашып урушмак болуп калганда эшик такылдап калды, Айнура ача койсо Калыйпа экен.

- Кел.

- Келдим, Гүлү жокпу?

- Окуусунда го.

- Баса көктөп бекер үйгө баарың келип алгансыңар го? - Калыйпа кыртышы сүйбөй ичкери кирди, - Ушуну билгенмин, кайдагы бир эчтеке көрбөгөн немелерге кабылып шору көп тура, тебелеп тепсеп оңуп калган тура.

- Ай Калыйпа, биз эмне киши эмеспизби? - деди Айнура.

- Ой, силерди ким киши дейт, Тимур Гүлүнүн колунда бардын кызы экенин билип алып эле ала качып алды да, болбосо ким кызын берет эле билбейм, - Ал эки жагын карап койду, - Эми баарын талкалап бүтөт экенсиңер да.

- Оозуңа карап сүйлө Калыйпа, кызыңарды балам ала качпай эле өзү барды, бардыгына байпагым.

- Байпагың болсобу, алдагы байпакты дагы ошол шордуу кыз алып берди да.

- Таеже! - деп Гүлайым кирип келди, - Эмне болду сизге? - Жини келсе да акырын айтты, - Жүрүңүз чай пай ичиңиз, - Ашкананы көздөй кирип кетти.

- Эмнеге жиниң келди Гүлү?

- Жин келбей турган ишпи, аларга эмнеге сүйлөп жатасыз?

- Сен ушул алкаштарга тең белең, ата-энең дагы билгизбегени менен капа болуп отурушат, алды артыңды байкап тийбейт белең?

- Таеже, бул менин тагдырым, эч кимдин киришүүгө акысы жок!

- Ийи, өзүңдү-өзүң билдиң да, эжем менен жездемдин баккан кайран мээнети, - деп Калыйпа туруп чыгып кетти...

Гүлайым сөзүнүн ушул жерине келгенде Айсалкындын уктап кеткенин сезип өзү да уктамак болуп көзүн жума жатып калды. Эртеси таң атпай коридорго бирөө чакырып калды, иш күнү болгондуктан оорулууларга келгендерди киргизбей орус аял тозуп алган. Барса Аманат экен:

- Кандайсың Аси, ден-соолугуң жакшыбы? - Колундагы гүлүн, пакеттеги тамак салынган идишти сунду, - Сакайып кет.

- Рахмат, эмнеге келдиң?

- Сени көргүм келди Аси.

- Мунуң болбойт, Аруукени аясаңчы.

- Аны сени кызгантуу үчүн алдым дедим го?

- Бирөөнүн тагдыры менен ойнобогонуң дурус, - деди да Айсалкын артына бурулуп кетти:

- Аси, бир аз сүйлөшөлү... - Жоопсуз калды анын суроосу. Айсалкын жини келип коридордо турган мусор челекке гүлдү банканы таштамак болгондо:

- Чоң кыз, мындай болбойт, тамакты таштаган кесир! - деген коңур үн артынан чыкканда жалт бурулду, аны жылмайып карап Акматбек турган эле.

- Си-из? - Айсалкын көзүн алайта карап кызарып кетти.

- Мени тааныйсыңбы?

- Ооба, мен Арууке менен бирге окуйм.

- Жакшы экен, - Акматбек ойлуу карап, - Гүл адамдын көңүлүн көтөрөт, тамак болсо ырыскы, атайын келген нерсени таштаба, - деди анан.

- Кечириңизчи.

- Кечиргенде эмне кызым, сага жакпаган бирөө алып келген го? - деди кайра күлүп, - Жигитиң эмеспи?

- Жо-ок, - Кызарып кетти.

- Аруукенин тоюнда болдуң беле?

- Ооба.

- Жакшы, ата-энең барбы? - деген Акматбек кайра ага күлүп карады, - Атың ким?

- Айсалкын, ата-энем бар, эки иним бар.

- Айсалкын, кай жерликсиң?

- Ат-Башыдан.

- Оо алыскы региондонбу?

- Ооба.

- Окууң кандай? - Акматбек негедир кызды кетиргиси келбей эле улам суроо бере берди, - Жакшы окуп жатасыңбы?

- Жакшы эле, - Кетмек болду.

- Эмнең ооруйт Айсалкын?

- Жүрөгүңдө бар дейт.

- Оо этият кылуу керек, мен жакындан бери...

- Ата-а! - деп Арууке кирип келди, атасын өөп анын Айсалкын менен дагы өбүшө учурашты, - Ал-акыбалдар кандай анан? - Экөөнө бирдей кайрылды.

- Жакшы, - Айсалкын палатасын көздөй басты.

- Ата, тамак алып келдим, Аманат сыртта турат.

- Жакшы кызым, мен сакайып калдым, убараланбай эле койсоңор болмок.

- Убарачылыгы барбы, сизге кантип келбей коебуз? - Арууке таарынгандай карады.

- Мейли кызым, апаңарга жакшы карап жатасыңбы?

- Ооба, ал киши азыр күлүү эле, биз сабактан барганча тамак даярдап коет.

- Ошентсе дагы карагыла, анын Аманаттан башка караары жок кызым, эми сен бара бер, - деп колундагыны алып калды. Арууке колундагыны берип анан өөп алып чыга берди. Бу сүйүү деген бирде азгырык сымал көрүнгөн сезим, бирөөнө аруу таптаза көрүнсө, бирөөнө кол жеткис болуп кетет, ошондой сезим бул жолу эч билинбестен эле Акматбекке дагы жеткендей болду. Айсалкындын бае көз карашы, жүзүндөгү бей күнөө жылмаюусу менен солкулдаган балтыркандай бой келбети аны өзүнө билинбей тартып алгандай болду. Бирок ал ушул кезде ошол татынакай өзүнүн кызындай кыз менен баарына кайыл болуп дүйнө кезип кетүүгө даяр болгон абалга жетээрин сезбеди, болгону: "Турмушка чыга элек экен, эркек киши сүйлөгөндө кызарып кеткени эчтеке көрө элеги, жигити бардыр ээ", - деп алып кайра: "Мага эмне жин тийдиби, анын жигити бар же жогунун кереги эмне, ал жаш кыз мени эмне кылсын, атасындай болгон мени эмне кылмак эле", - деп чалкасынан түшүп жатып калды. Ал ушул азыр карды ачканын да сезбеди, кызы алып келген тамак термосто болчу, ал ысык бойдон турат, Акматбектин ойлуу жатып калганын көрүп катар жаткан Бекмат:

- Сага эмне болду, катуу ойлонуп кирдиң го? - деди.

- Жөн эле.

- Ким келди?

- Кызым.

- Тамак ичпейлиби карын ачты.

- Аа-а, атта-а, унуткан турбайынбы, - Акматбек тура калды, - Келгиле жигиттер, карынды кампайталы, - деп термосту ачып эттүү ысык тамакты куюштуруп кирди, - Кана ичели эмесе.

- Түшкү оокатка чейин чыдай албай калдык го?

- Мен оорукананын тамагын ичпейм.

- Супсак.

- Ошонусу дагы жакшы, - деп аларды карады Акматбек, - Биз өзүбүзгө карабай эле күчтүү оокатка качыра беребиз, булардыкы мүнөз келет да.

- Анысы бар, - Бекмат башын ийкеди. Төртөө отуруп тамактанып отурду, анан Акматбек кайра палатадан чыгып эки көзү аялдар жаткан жакта болуп туруп анан эми кирмек болгондо Айсалкындын чыгып келе жатканын көрүп негедир жаш кездегидей жүрөгү бир булкуп алды: "Мага эмне болду". - дегенче ал Айсалкындын жанына кантип жетип калганын сезбей дагы калды.

- Айсалкын...

- Эмне болду байке?

- Аа-а, - Акматбек андан көзүн ала качып куду жигит кезинде кыздарга алгачкы таанышкандагыдай желкесин кашый туруп калды.

- Бир нерсе айтмак белеңиз? - Кашайып кыз дагы андан көзүн албай күлүмсүрөп карап калганын көрүп кадимкидей денесин калтырак басып:

- Качан чыкмак болдуң? - деди араң.

- Билбейм, бир ай дарылан деп жатат.

- Аа-а, мен бир-эки күндө чыгат экенмин.

- Көп болдубу сизге? - Айсалкын жалжылдай карады.

- Ооба, бир ай болду.

- Аа-а, - деп койду Айсалкын.

- Кайсы жерде турасың?

- Кыздар менен турам.

- Үй жокпу?

- Ооба, батир жалдаганбыз.

- Үй болуш керек да шаарда.

- Окууну бүткөнчө жашап турсам...

- Телефонуңар барбы? - Акматбек сөз уланып кеткенге кадимкидей эркин боло түштү, - Үй маселесин чечип жардам берейин.

- Жо-ок, тим эле коюңуз, - Айсалкын кубанганы белгисиз кызара карады.

- Анын эмнеси бар, оңой эле чечебиз, анын үстүнө кызым менен теңтуш экенсиң, чын дилимден кабатыр болуп жатам.

- Эгерде үй керек болсо атамдар деле алып бермек...

- Телефонуң барбы?

- Жазып берейин.

- Жо-ок, айта бер жазып алам.

- Ма-акул, - Айсалкын номерди айтып берип кайсаңдай туруп калганда аларды көздөй Аваз Айталиевич келе жатты.

- Кандайсыздар?

- Жакшы-жакшы таксыр, - Акматбек күлө кол суна учурашты.

- Бектурганова, сизге көп басканга болбойт, жатышыңыз керек, - Аваз Айталиевич кайра Акматбекке кайрылды, - А сиз жакшы болуп калдыңыз, биринчи күнү чыгасыз.

- Жакшы ансыз дагы ийнеден тажап кеттим.

- Бирок пайдасы бар байке.

- Албетте.

- Келгенде кандай келдиңиз эле, эми минтип свиданиеде жүрөсүз, - деп Аваз Айталиевич күлө Айсалкынды карап койду.

- Кайдагы... Айсалкын менин кызымдын курсташы, - Акматбек актангандай күлүп калды.

- Эми-и, ушуну айттым да, - деп Аваз Айталиевич дагы күлдү, алар сүйлөшүп турганда Айсалкын палатага кирип кетти. Ошол күндөн баштап анын палатасына таң эрте бирөө гүл берип ийет, бирок кимден экени белгисиз эле, кийин экинчи дагы бирөө берип ийчү болду. Гүлайым аны карап:

- Сенин поклониктериң күчөдү го? - деди жылмая.

- Ким экени кызык болуп жатат.

- Акыры билинет да.

- Кызык, ким болду экен?

- Гүлдүн ичип карап көрдүңбү?

- Жо-ок, - Айсалкын үч-төрт күндөн бери көңүл бурбай эле гүлдү ыргытып жатканын сезди да тура калып караса төрт бүктөм кагаз жүрүптүр, бүгүнкү келген экөөндө тең бар экен, ала коюп бирин ачып караса Аваз Айталиевичтен экен, кабагы бүркөлө шалак эте отуруп экинчисин ачып жатканда:

- Кимден экен? - деди Гүлайым.

- Бей тааныш...

- Беркисичи?

- Азыр көрөм го, - деген Айсалкын аны ачып окубай эле кимден экенин билүүгө кызыгып этегин карады эле аты жөн жок эле: "Аман жүргөнүңө кубанып өмүр өткөрөөрмүн", - деп коюптур: "Аманат окшойт, ушунуку өттү, мен аны сүйүп койсом экен", - деп жини келип отурганда Гүлайым дагы сурады.

- Ошол эле бейтааныштан бекен?

- Ошондой го...

- Эркектер көзүнө жакшы көрүнгөн кыз болсо эле ушинте беришкени жаман.

- Таң калыштуу, - Ойлонуп отуруп калган Айсалкын бир нерсени эстегендей ага кайрылды, - Гүлайым эже, түндө сизди угуп жашып уктап калыпмын, эми тихий час болуп калды, улантпайсызбы?

- Макул, ансыз уйку келбей жата бергенче... Ойлуу тунжурай көпкө шыпты карап жатып анан сөзүн улантты...

Тимур экөө бактылуу жашап жатышканда таежесинин ойду тоону сүйлөп урушуп кеткени жүрөгүн оорутту, унчукпай тамак жасап ашканада жүрө берип кыжаалат болуп: "Келин кылып алам деп жүрдү эле, баласы деги үйлөнүп алды, эмнеге эле мага минтип жатат, Тимурду сүйсөм ата-энесин ташта демек белем, кандай болсо да анын ата-энеси го, же мурунтан өздөрүнүн бирдемеси бар окшойт, балким экөө өч чыгаар, ага биздин тиешебиз бар, өзү жакшы эле аял эле, эмнеге минтип жатат", - деп ойлонуп тамак бышканда кайнене кайнатасын чакырды, аңгыча Артур менен Аида келип калды, чогуу отуруп тамактанып жатышканда Тимур келди, баятан бери келинине эчтеке дей албай отурган Айнура ал эми эле отуруп тамак алдыга келгенде:

- Тимур, биз өз үйүбүздө эле бололу? - деди.

- Эмне болду? - Тимур Гүлайымды бир ата-энесин бир карап калды.

- Өзүбүзчө эле болгонубуз жакшы экен, - деди Шүкүр дагы.

- Силер дагы ичесиңер да, - деди Артур үтүрөңдөй.

- Болду! - деди Тимур инисине ачуулу.

- Чынын айтып жатам аке, буларың ээн-эркин болуп ичкиси келип жатат да.

- Артур, - деди Гүлайым акырын, - Улуу кишилерге мындай мамиле кылганың болбойт.

- Өздөрү ушуга татыктуу, мына мен онунчу класста окуйм, бир жолу эмне керек деп коюптурбу, кайра сабактан кийин иштеп тапкан акчамды алып арак ичип алышат, каникулда болсо как жетим балдардай өз кийимимди өзүм табам, - Артур ызаланып жер карады.

- Эми ичишпейт, - деди Тимур, - Акылына киришти го, - Ата-энесине карады, - Ата-энесине карады, - Тамды оңдоп жатпайлыбы, силер барганга болбойт.

- Күн жылуу, бир жерине отура беребиз.

- Мен барбай эле коеюнчу жеңе? - деди Аида, - Силер менен калайынчы.

- Эч ким кетпейт! - деди Тимур.

- Ата, апа сиздер бул жерде эле болуңуздар, - деди Гүлайым, үй тардык кылып жатса биз батирге чыгып кетебиз.

- Жо-ок айланайын, өз үйүңөрдөн куумак белек? - Айнура кымырына отуруп калды, ал негизи Калыйпага жини келип турган, - Кудагый келсе дагы жаман көрбөсүн?

- Апам андай эмес апа, сиз таежемдин сөзүнө капа болуп жатасыз го?

- Жо-ок, ага эмнеге капа болоюн.

- Таежем келди беле? - деди Тимур.

- Келген, мен келсем үйдө экен.

- Ал бизди кордоду, - деди Шүкүр үңкүйө.

- Силерди алар канчадан бери билет ата, - Тимур жини келе карады, - Алар айтса жарашат, балдарын эчтекеден кемитпей бакты, силер биз үчүн эмне кылдыңар?

- Тимур болду эми, - Гүлайым күйөөсүн тыйды, - Болду да.

- Күйгүзүп жатышпайбы?

- Ата-энени көтөрүп кой, - деп ашканага чыкты, Шүкүр менен Айнура унчукпай калышты, Тимур туталанып көпкө чейин ачуусун тыя албай жатып анан телевизор көрүп отуруп калды. Алар төртөө чоң бөлмөдө, Тимур менен Гүлайым балкондо жатышат, чынында Гүлайымдын үлүшү чоң, үйдү оңдогонго Тимурдун тапканы жетмек эмес, экөөлөп үйдүн бүтүп жатканына көңүл буруп турушат, алардын үйүнүн оңдолуп жатканын көргөн Калыйпа эжеси келген сайын эбиреп Гүлайымдын эси жок болгонун, бөлөктүгүн кылып тапканын кайын журтуна жумшаганын айтып калат. ага Гүлүйпа жөн гана жооп берип тим болот, Тимур курулушта кыш кыноочу болуп иштейт, кышта бир-эки ай жумуш жок калат, ошондуктан ал жайдан баштап күзгү бозгорого чейин иштеп алганга аракет кылат. Билинбей эле бир жыл өтүп Гүлайым кош бойлуу болуп сабакка барып, анан ишке чыга албай калды, жазда үйлөрү бүтүп ата-энесин көчүрүп барды, үй эми жаркырайт, баарын даярдап берип Тимур күндө бир келип текшерип турмак болду. Жай ортосунда Гүлайым уул төрөп алды, жаштар кубанып наристесин карап өздөрүнчө бактылуу болуп, атын Бактыбек коюшту, бактынын символу деп ойлошту. Чынында экөө бактылуу эле, Гүлайым ата-энесинен төркүндөрүнөн келген акчаны бүт анын керегине жаратты, эчтекесин аяган жок, наристелүү болгондон кийин биротоло жан оту менен берилип алган, кайнене-кайнатасы ичпей калганга Тимур аябай сүйүнүп жүрдү, достору классташтары келгенде иче коюп жүрдү, анысын кубанычтан го деп Гүлайым тим коюп ичпе деп айтпады, бактылуу жашоолору уланып Бактыбек бир жаштан өткөнчө жакшы эле жашашты. Кээде кызуу келген күйөөсүнө унчукпай жаткырып коюп, эртеси ал унчукпаса деле Тимур өзү актанып кирет, бирок Гүлайым үн дебейт, бир жолу Гүлүйпа келип калды, сүйлөшүп алгансып Күмүш балдарынын унаасын айдатып келиптир, дал ошол кезде Тимур мас болуп жаңы эле келген, кийинки кезде ал ичип келгенде уктап калбай Гүлайымга кычап тийишип сүйлөчү болгон.

- Сен мени басынтып жатасың Гүлү, эмнеге мени ичпе деп айтпайсың?

- Өзүңдө акыл болсо токтотосуң да, - деди Гүлайым кенебей.

- Ооба-а, сага баары бир да, колуңда бар, өмүр бою мен сенин алдыңда корунуп өтө турган болдум, - дегенде Гүлайым.

- Тимур, сага эмне болгон, мен сени бир жолу кемсинтип сүйлөдүмбү? - деди.

- Баары бир, мен өзүмдү кемсинтем, сен студентсиң, каалаганыңды ата-энеңдер даярдап беришет, тилчисиң каалаган учурда иштеп кете аласың, менин бир айлап тапканымды сен эки күн эле туристтер менен барып таап аласың, балким алар менен...

- Тимур...

- Мойнуңа ал да, мен кайдан билем сенин таза келгениңди, кумарыңды кандырып...

- Тимур дейм, сен эмне болуп жатасың?

- Каныма тарттым, ичип калдым ачууң келип жатабы?

- Сени ушундай деп ойлобопмун, - Гүлайымдун көздөрүнө жаш толо карады.

- Ооба, мен өзгөрдүм, сени кызганам, башкалар менен жүргөнүңдү каалабайм.

- Макул кудай жалгагыр, иштебей эле коеюн.

- Иште-е, сени да сүйгөндөр бар... - Тимур колун шилтеди.

- Тимур, антпечи алтыным, Бакы биздин бактыбыз, ага татыктуу ата-эне болуубуз керек го?

- Сен татыктуу бол, суранам сен ичпечи.

- Ичпейм, мындан ары сен дагы ичпе ээ?

- Ооба, аракет кылам, ичпегенге тырышам, - Тимур кайра өзүнө келе калып башын мыкчып отуруп калды, - Билбейм, сен куткарчу, ичпе дечи.

- Ичкиликтин пайдасы жок экенин өзүң деле жакшы билесиң.

- Бул сөзүң мени кемсинтет Гүлү.

- Анан эмне дешим керек?

- Жөн гана ичпе деп айтчы.

- Ичпе, биздин тилек-максат бул эмес го Тимур.

- Во-во, ушинтип айтсаң.

- Бакы чоңоюп келе жатат...

- Уулумбу, уулум үчүн баарына даярмын, - Олдоксон тура калып наристени алмак болду.

- Акырын, уктап жатат.

- Мына, мен масмын, сен баламды карматпайсың.

- Түшүнсөң Тимур, бала жаш, уктап жатат го.

- Өз баламды алганга акым жокпу?

- Уктап жатат, баланын уйкусун бузган шаар бузгандай болот дейт.

- Ма-акул, - деген Тимур кыңкая жатып уктап кетти, Гүлайым аны соолукса эле сүйлөшөм деп жатып таңга маал уктап калган экен таң атканда көзүн ачса ал эбак кетип калыптыр. Ойлонуп далай таңдарды атырды андан кийин, сүйлөшкөнгө бир дагы мүмкүнчүлүк болбоду, ыйлап-сыктап баласы бир жашка толгон күнү дагы үйгө келбей ичип жүрүп алды эле кайнатасыныкына барса алар экөө тең ичип отурушуптур, аны көргөн соң ирээнжип эчтеке айтпай баса берди. Анан ыйлап ата-энесиникине барды алар кейип-кепчип баласын алып калып өзүн окууңдан калба деп кайра жөнөтүштү, Наргиза төрөбөй жүргөн, Бактыбекти алар карап багып жатышты. Гүлайым баласын таштап келгенге ого бетер ичип туруп алды Тимур, аңгыча кыш келип бирде кеч, бирде эрте келип жүрүп акыры келбей калды. Гүлайым кайнатасыныкына дагы барды, алар ала гүү эле, Артурга жолугуп бүт айтты да үйүн кулпулап өзү батирге чыгып кетти. Арадан бир ай өтпөй анын окуусуна эки-үч аял келип алып кетти, Тимур суукта жатып тоңуп өлүптүр. Кайын журту андан көрүшүп ар кандай сөздөрдү айтып Тимурдун өлүмүн андан көрүштү, ошентип арманы ичте калды, Тимурга жолуккан күндү каргады, окуусунан калды, баласына кетип калды. Күнү-түнү ыйлап отурганын көргөн Кумат не кылаар айласын таппай жанына келип көңүлүн улап күлдүрүп, уулун алып келип анан ала качып:

- Гүлү, карасаң Бакытты, сага таарынып жатат, - дейт.

- Гүлү, Бакыт биздин балабыз, эми сени карабайт, - Наргиза бир жагынан чыгат.

- Мейли, силерде эле болсун, - Гүлайым күлүп тим болду, бирок ошондон баштап анын жүрөгү ооруп баштады, көп жолу ооруканага барып дарыланып кайра чыгат, бир айдай жакшы жүрүп эле кайра кармап туруп алды. Акыры шаардагы үйүнө келип жалгыз жашап калды, ага кайниси Артур менен Аида келип турушат, көбүнчө ата-энесинин ичкенинен качышат, Артур бойго жеткен, эптеп карындашынын кийим кечеси үчүн иштеп жүрүп бир кызды сүйүп калды. Гүлайым аны угуп унчукпады, анткени өзү сүйгөн Тимурдун ичкиликке берилип кеткенин ойлоп сөз кошподу, "Баары бир бул деле ичип кетсе кыз байкуштун шору да, мен окшоп бактысыз жесир болуп калганча сүйбөй койсун", - деп ойлонуп отурганда Артур:

- Жеңе, Эля менен сиз сүйлөшүп көрбөйсүзбү, - деп калды.

- Эмне деп?

- Менин кайним болот дейсиз да.

- Анан.

- Мени мактайсыз, анан кызды көндүрөсүз да.

- Кантип, мен айтканга болмок беле?

- Айтсаңыз анан көрөбүз да.

- Аракет кылайын.

- Рахмат, рахмат жеңе, мен сизге аны көрсөтөм ээ? - Артур кубанганынан Гүлайымды өөп-өөп алды, - Качан көрсөтөйүн?

- Өзүң каалаган күнү, - деп Гүлайым жылмайып койду.

- Жеңе, - деп Аида сырттан кирди, - Бакытты алып келбейсизби, көргүм келип сагынып кеттим, - Келип кучактап калды, - Алып келесизби жеңе?

- Бакыт азыр кичине да, мен иштесем ким багат аны?

- Мен карайм.

- Окууңчу?

- Окубайм, ансыз деле сегизди бүтөм.

- Жок дегенде тогузду бүтсөң анан иштеп же окушуң керек го?

- Жеңе, мени ким окутат, ата-энемдин кейпи тигил, андан көрө сиз иштеңиз, мен сизге жардам берип Бактыбекти багамын.

- Аида, - деди угуп отурган Артур, - Сен жеңеме жардам бер, мен атамдарды ичирбей үйгө камайм, аларды эми такыр ичпей турган кылбасам болбойт, ансыз дагы карыздарын төлөй берип тажадым.

- Ооба, жеңемдин ишинен калтырбайлы, апамдарга эми мен барбайм.

- Сен кал, мен кеттим, - Артур чыгып кетти.

- Аида, сен эмнеге апамдарга баргың келбейт?

- Апам ичип алып уруша берет, жөн эле классташтарым менен сүйлөшүп койсом эле жер жебериме жетет, бузулуп бүттүң дейт, - Аида ыйлап жиберди.

- Сени кичинеңден эле ичишеби?

- Ооба, башынан эле ичишет, эми Тимур акемдин өлгөнүн шылтоолоп оңуп эле калышты.

- Капа болбо ээ, мен сага жардам берем.

- Сиз ансыз деле бизге көп жардам бердиңиз.

- Менин ата-энем болгон эмес, - Гүлайым улутунуп алды, - Мен аларды өз ата-энемдей көрүп сыйлайын дегенмин Аида.

- Ошону түшүнүп жатышабы?

- Түшүнөт, болгону көнүп алышкан, ошондо деле сыйлашың керек, ата-энени таба албайсың, башканы тапсаң болот, - деп кызды Гүлайым сооротуп чачынан сылаган бойдон ойлуу отуруп калды, анткени түн кирип эл уйкуга кирген маал эле, өзүнүн дагы уйкусу келип көздөрү өзүнөн өзү жумулуп бара жаткан эле...

Калыйпа уулунун абалы күндөн күнгө күчөп бара жатканын көрүп көз жашын төгүп-төгүп алчу болду, Насырынбек экөө сары санаа болуп тамак-ашын жасап анын үйүнө барып алышкан. Алар ичирбегенге аракет кылганы менен эле баары бир чыгып кетип ичип келет, күндө ага айтып жакшы жашоого үндөшкөнү менен угаар түрү жок. Алар бир күнү кеңешип Заринанын ата-энесине бири бармак болду. Акыры Калыйпа өзү барды, келинин көрүп таңгалып калды, көрсө Заринанын өзүнүн ички туюму алдабаптыр, Россияга баргандан бир ай өтпөй эле ал тамак иче албай кусуп кайра эле баса берген, үйүнөн кеткенине алты айдан ашкан, ичиндегиси сегиз ай болуп калган болчу. Жалынып-жалбарып жатты Калыйпа, Зарина ыйлап:

- Мирлан мени төрөбөйсүң деген апа, - деди.

- Ошондо неге мага айтпадың, урушканыңарды деле билбей Россияда деп ойлогонмун.

- Сиздерге айтпадым, бирок Мирлан мени кет деп туруп алды.

- Мен билбедим садага, Мирлан сен кеткенден бери көз ачпай ичип жатат, эми сенин боюңда бар экенин билсе кандай кубанаар экен, - деп Калыйпа өзү дагы кубанып үйүнө келди, Мирлан дагы кызуу болчу, Калыйпа айтканда ал ишенбеди, бирок ойлонду, эртеси аны жуунтуп таза кийинтип алып ээрчитип барды. Зарина таарынычын айтты:

- Мен сага айтпадым беле, күтөлү деп акыры кудайым берет дегениме көнбөдүң.

- Билбедим Зарина, мени түшүн, кечир эми.

- Сен башканы сүйөм дебедиң беле?

- Качан?

- Ошондо айткансың.

- Кызуу болуп айтсам керек кечир, үйгө кетели.

- Жо-ок, мен төрөгөнчө бул жерде болом.

- Эмнеге?

- Мен айттым го Мирлан, төрөгөндө баламды көтөрүп барайын деп жүргөм да.

- Эми эмне болду?

- Көп козголбо, - деп жатат врачтар.

- Үйдөн өзүм деле карайм.

- Сен түшүн Мирлан, аман-эсен көз жарып алайын.

- Мейли, канча убакыт калды?

- Бир айга жетпейт.

- Анда макул, - деп Мирлан унчукпай апасы менен кетип калды, ал эки-үч күнгө чейин ичпей калды, ата-энесинин кубанганын айтпа, үйүн жууп тазалап желдетип наристе келе турган кылып даярдап жатышты. Ошол күнү Эрлан келип аны угуп ал да кубанып кетти, болгону ал аябай жаман түш көргөнүн, түнкүсүн жүрөгү эле лакылдап жатканын айтты:

- Апа, жүрөгүм эле лакылдайт, эмне болуп жатам?

- Врачка көргөзөйүнбү?

- Жо-ок, эч жерим ооруган деле жок да.

- Жүрөгүңдү көтөртсөм окшойт, корккон жок белең?

- Жо-ок, эчтекеден корккон эмесмин.

- Чоочуп калгансың го?

- Билбейм, - Эрлан унчукпай калды. Эртеси аны көзү ачыкка алып бармак болуп жатканда Мирлан аябай мас болуп келди, ал жулкунуп эч кимге ээ жаа бербей жатып уктап калды. Анын ичсе дагы мындайын көрбөгөн ата-эне аны балалуу болоорун айтып соолуктурмак болду, бирок ал эч нерсе билбей жатты. Ал күнү алар врачка дагы көзү ачыкка дагы барбай калышты, Эрлан үйүнө кетип жатып көнгөн түшүн көз алдына келтирип бара жатты, ал түшүндө өзүн бирөө башка чапканын, канжалап жерде жаткан өзүн, өзүн алдына алып өксүп жаткан бир адамдын колдору дагы билегине чейин кан, бирок өңүн көрө албады, болгону өзүн бооруна кысып отуруп анан жок болуп кетти, өзү кандайдыр бир терең ордун түбүнө түшүп кеткендей болду, андан кийин чоочуп ойгонуп кетип уктай албай койду. Үйүнө келсе Асел алты айлык баласын кучактап алып жаткан экен, аны көрүп тура калды:

- Келдиңби?

- Ооба, бала уктадыбы?

- Эми эле уктаган, өңүң эмне...

- Билбейм, бир нерседен корккондой болуп эле жүрөгүм түрсүлдөйт.

- Муздак суу ичип көрсөң.

- Ичтим, жатып эч алайынчы.

- Врачка бардыңбы?

- Жок...

- Эртең экөөбүз баралы.

- Макул.

- Тамак ичесиңби?

- Ичип келдим.

- Жат анда, - Асел төшөгүн жылуулап жаап коюп өзү кучактап жатып калды, түн бир оокум, Эрлан катуу чоочуп ойгонду, сыртка чыккандан коркуп ашканадан суу ичти, Асел эч нерседен бейкапар катуу уйкуда, сырттан калдыр деген дабыш чыкты эле жүрөгү болк этип алды. Бирок аны эркектик намыс чыйралтты, ал өзүнүн ажалы күтүп турганын, болгондо дагы эгиздей ээрчишип бирге өскөн, бир эле эне-атадан туулган бир тууганы анын жанын чыркыратып алаарын сезбеди. Өзүн кармай сыртка чыкмак болуп жатканда эшик болоор болбос такылдады, ошол кезде Мирлан башына эч нерсе келбей Заринанын боюна болгонуна сүйүнүп бир аз күн өзүн алаксытканы менен: "Баламды өзүм аламын дагы Заринаны кетирем, мен Аселди сүйөм, ансыз менин көргөн күнүм түн, жашоом арманга айланат, мен Эрланды жок кыламын дагы Аселге үйлөнөм", - деген оюнан кайтпады. Бүгүн түндөп ата-энеси уктап жатканда үйдөн акырын чыгып колуна өзүнүн кээде отун жара койчу чакан балтасын алып келген эле. Эрлан үйдөн чыга калса караан үй айлана басып кетти:

- Эй, сен кимсиң? - деди Эрлан чыга калып, бирок андан үн чыкпады, кайра кирип кетмек болду, бирок ууру экен деп артынан жүгүрүп үй артына барса эч ким жок кайра артына бурула бергенде аны карылуу кол кекиртектеп калды, бекем кучактап кекиртегинен кысып алганда ал кыйкыра албай тырпырап калганда Мирлан аны колундагы балта менен төбөгө эки-үч жолу чапканда Эрландын денеси шалак дей түштү, жерге акырын жаткырып алып кучактап шыбырай ыйлап отурду:

- Кечир мени, кечир бир боорум, кечир мени! - деп акырын чекесинен өптү да эми өйдө болуп жатканда Аселдин үнү угулду эле Мирлан үйдү айланып жүгүрүп кетти.

- Эрлан, Эрла-ан! - Асел үй айлана басып келип эле Эрландын онтолоп жатканын көрүп бакырып жиберди, - Эрла-ан! - деген үндү угуп колундагы балтаны жолдогу кранга жууп кийимин өрттөп жиберди да таңга маал өз үйүнө келип балтаны өз ордуна коюп, бут кийимин тазалап кийимин которунуп ордуна жатып алды. Бирок көз алдына эми эле өз колу менен балталаган иниси келе берип калтырап чыкты: "Мен эмне кылып койдум, эмнеге ушуга бардым, мен эмне болуп турам, эми эмне болот", - деп чүмкөнүп алып ыйлап жатканда алардын үйүнө бирөөлөр келгендей болду. Көп өтпөй эле Калыйпанын кыйкырыгы угулду. Анан уктап жаткан Мирландын эшигин ачты:

- Мирлан, тур батыраак, тур балам! - Калыйпа ыйлап жүргөн.

- Эмне болду апа, башым ооруп жатат.

- Тур балам, Эрланды бирөө сабап кетиптир, ооруканага алып кетиптир!

- Эмне, ким сабаптыр? - Өйдө болуп эптеп кийинди, костюму менен трикосун өрттөп ийген, ич көйнөгүнө тийген канын эптеп катып коюп ата-энеси менен ооруканага жөнөштү, келсе эбак эле моргго киргизип коюшуптур, ал ооруканага жетип үзүлгөн экен. Ошентип Эрланды текшеришти, баш мээ талкаланып кеткен экен, мойнундагы муунткан так бар экен ал дагы белгисиз бойдон калды. Мирлан улам достору көңүл айтып келип соо күнү болбоду, Зарина дагы келген, ал күйөөсүн үйгө киргизип ысык чай берип жаткырып коет, бир аз эле соолуга түшсө көз алдына Эрлан келип кайра ичет. Эрланды текшерип үч күндөн кийин алып келип коюшту, Мирлан эч кимге көрүнбөй үйүнө барып ич көйнөгүн, байпактарын өрттөп бут кийимин караңгыда чала жууганын көрүп аны тазалады да кайра барып калды, Аселдин акыбалын айтуу кыйын, улам эси ооп кайра эсин жыйып эле:

- Эрлан, Эрла-ан мени таштап кеттиңби? - деп бакырып ыйлайт, Калыйпанын андан бетер үнү басылбайт, жанында Гүлүйпа бар, Гүлайым менен Канайым, Эркайым, Кумат болуп келишкен. Аселдин төркүндөрү, Заринанын төркүндөрү, Саида болсо чыркырап баш жагында, Мирлан бул көрүнүштү көрүп отуруп негедир Аселди жек көрүп кетип коер алдында:

- Муну Асел билет! - деп жиберди отурган жеринде, - Ошол гана күнөөлүү!

- Балам, эмне деп жатасың? - Насырынбек уулун таңгала карап калды.

- Ошого келген бирөө өлтүрдү да.

- Кой антпе балам, келинде күнөө жок, эл укпасын.

- Мен билем, баарына Асел күнөөлүү! - деп аркы терки басты, көз алдына инисинин жүзү келе калганда өзүнүн өлтүргөнүнө өзү ишенбей Аселди жек көрүп туруп алды: "Эгерде бул болбосо мен инимди өлтүрөт белем", - деген ойго бекип алды. Эрланды коюп келгенден кийин дагы ал сөздү айтты, бирок калтырап калчылдап сүйлөп жаткандан улам аны инисине күйгөндөн ушинтип жатат деп ойлошту да аны тыйып койду. Асел жаш баласы менен ыйлап-сыктап кайнагасынын сөзүнөн улам эмне дээрин билбей жүрдү. Мирландын сүйүүсү жек көрүүгө айланды, келинин көргөн сайын ага кыжыры келгенден улам аны көп келтирбей, келсе дагы аны келинге жакындатпай сак-сактап турушат. Кыркы өткөндөн кийин:

- Апа, акем менден көрүп жүрөт, менин андай адамым деле жок эле, - деди Асел ыйлап туруп.

- Ал ачуу менен айтты го балам, кандай ниетиң куурагыр экенин ким билсин, - Калыйпа көз жашын сыгып алды, - Ким экенин белгисиз болуп жатпайбы?

- Анан эмнеге акем мени күнөөлөйт?

- Ал ачуусу менен эле айтты да балам, көңүлүңө алба.

- Билбейм, мени башкача карайт.

- Ойлонбой эле кой садага, өңгөдөн жанагы канкорду тапса болот эле, - Калыйпа бышактап отуруп калды. Мирлан балалуу болгондон кийин бир аз алаксып үйүнөн чыкпай калды, Зарина ага ичинен ыраазы, бактылуу үй-бүлөө болуп жашап жатышты, Мирлан баласынын аты Дияз деп койду, бирок баягы акылынан адаштырган сүйүүсү аны жек көрүүгө алып келди, көз алдынан инисинин артына бурула албай тыпырап алышканы кетпей: "Асел күнөөлүү, ал болбосо мен Эрланды өлтүрбөйт болчумун, эми аны өлтүрөм, ал тирүү турса мен тынч жашай албайм", - деп ойлонуп эми келинин өлтүрмөккө даярданып жаткан. Дияз алты айдан өтүп калган, бешикте жаткан наристе бир убакта чаңырып ыйлаганда Мирлан менен Зарина экөө тең тура калышты, аны сооротуп көптө барып укташты. Үч күнү катарынан ошондой болду, эртеси Зарина кайненесине барып айтып молдого дем салдырышты, ошентип баланын түн бир оокумда ыйлаганы калбай кийинчерээк күнү-түнү ыйлап, ыйлаганда дагы уктап жатып эле бирөө чымчып алгандай чаңырат да көпкө ыйлап басылбайт. Врачтарга көрсөтүшсө ден-соолугу жакшы дешет, молдого дем салдырышты, ошентип жүрүп эле бала эт он менен жалын болуп күйүп ысып эки айдан кийин жөрмөлөп калган бала шалдырап жатып калды. Андан кийин тамакты берсе ичет, ыйлабай дагы жалдырап жатып калды, колдору дагы кыймылга келбейт, кыскасы шал болуп калды. Ошондон көп өтпөй эле Мирлан түндөсү чоочуп ойгонуп кетсе босогодо башынан кан агып жүзүнөн ылдый аккан Эрлан босогодо туруптур, колунда баласы. Аны эки бутунан көтөрүп алган, башы ылдый карап тарбалаңдап жүрөт:

- Эрлан, Эрлан баланы эмне кыласың? - деп тура калганда Зарина да ойгоно калды, Мирлан туруп барып бешикти караса бала уктап жатыптыр.

- Мирлан, сага эмне болду?

- Эчтеке, баланы эле карадым, - деп Мирлан босогону акырын караса эч ким жок экен, - Сен эмнеге ойгонуп алдың?

- Сен Эрлан, Эрлан деп тура калдың го?

- Түш көрсөм керек, - деген Мирлан баланы акырын отура калып караса дем алганы билинбейт, - Зарина, баланы карачы, бети муздак экен.

- Эмне, үшүп калыптырбы? - деп келип боорун чече коюп баланы алган Зарина бакырып жиберди, көрсө бала эбак эле жок болуп калган экен, ата-энесине жетип келди Мирлан, ошентип алар наристесинен айрылып калды, ыйлап-сыктап аны коюшту. Ошондон баштап Мирландын түшүнөн Эрлан такыр кетпей койду, күндө уйкусун бузуп бакырып тура калган күйөөсүнөн корккон Зарина кайнатасыныкына барып айтып да ыйлап да отурду:

- Апа, коркомун Мирландан, азыр такыр эле сүйлөшпөй да калды.

- Эмне кылсак экен, жакшы молдого дем салдырсакпы?

- Билбейм, мен эмес Асел күнөөлүү деп бакырып тура калат, күндө ошол.

- Ал эмнеси ботом, Эрлан түшүнө кириптирби?

- Айтпайт.

- Кой, өлгөндү жоктоп эмне кайрып алдымбы, бир баламды да жоготуп албайын, - деген Калыйпа келини менен кошо келди, алар эшикти ачып киргенде эле:

- Жо-ок, мен эмесмин, Аселде күнөө, баламды алдың жетет го, мен сага кантип тиймек элем?! - деп бакырып колуна келген буюмду туш тарапка ыргытып жатыптыр, Зарина менен Калыйпа ага алы жетпей зорго кармашты, бирок ошондон тартып аны ооруканага алып кетти, Мирлан такыр өзүнө келбей киши тааныбай жаман акыбалга келди. Аны ооруканадан нары эле жиндиканага алып кетти, Насырынбек менен Калыйпанын кайгысы адам көтөрө алгыс болду, Аселдин ошол кезде үй айлык боюнда бар экен, ал ай күнүнө жетип калган, Зарина кетип калмак болуп кош бойлуу экенин билип бир жумада бир күйөөсүнө барып келип кайнатасыныкында болуп калды. Ошондо Асел ага өзүнүн шекиген оюн айтты:

- Жеңе, минтип айтканга оозум барбайт, бирок менин шегим бар.

- Кандай, кимде шегиң?

- Акемде...

- Койчу Асел, кантип өз бир тууганына колу барсын?

- Сиз айттыңыз го, мен эмес Асел күнөөлүү деп кыйкырды деп.

- Анан.

- Акем аны өзү өлтүрүп алып мени күнөөлөмөк болгон, бирок милицияга айта албадым.

- Кой Асел, мен бул сөзгө ишенбейм.

- Анда ким өлтүрөт, Эрлан бирөөгө жамандык кылчу эмес.

- Асел, анда кайнагаң экөөңөрдүн бир нерсеңер болгондур? - Зарина аны ачуусу келип сынай карап калды.

- Жеңе, кантип ушуну ойлодуңуз?

- Экөөңөр тең бул ишти билесиңер, кайнага калтайбаса, келин келтейбейт деп экөөңөр мен жокто Эрландын көзүн буусаңар керек да? - Жини келе обдулуп ордунан турду, - Зыяны балама тийди, арбак кечирбейт дейт, мен келбесем Эрланды өлтүрүп экөөңөр жашамаксыңар го? - деп Зарина бакырды.

- Жеңе, арбак алдында мен тазамын, акеме башкача караган эмесмин!

- Анда эмнеге мен эмес күнөө Аселде деп кыйкырат?

- Ой Зарина, силерге эмне болду? - Калыйпа кирип келди.

- Эрланды Мирлан менен эле келиниңиз өлтүргөн го апа, - деп Зарина кармана албай кыйкырып ийди, - Мирлан айткан, баланы Эрлан көтөрүп алыптыр, ошол бойдон көрүнбөй калды деп, төрөй албай жүрүп зорго төрөгөн баламды жеди, эми мен кайрылып келбейм апа? - деди да жүгүргөн бойдон чыгып кетти.

- Эмне дейт Асел, эмне деди Зарина? - Калыйпа келинин калчылдай карады.

- Апа, мен акемден эле көрөм, Эрланды акемден башка эч ким өлтүргөн жок.

- Ок, андай болбойт, өз инисин кантип өлтүрмөк эле?

- Мына бул акемдики беле? - Асел бут кийим кийгендеги апкыт тарткычы менен бирге ар дайым ала жүрчү тырмак алгыч менен бирге үйүнүн бир ачкычы илинген брилокту көрсөттү.

- Муну кайдан алдың?

- Эрлан жыгылган жерден.

- Жо-ок! - Калыйпа бакырып отура калды, - Жо-ок, кантип ушундай болсун?

- Калыйпа, эмне болуп кетти? - деп Насырынбек кирип келди, Асел дагы ыйлап отурган, - Эмне болду балам? - Экөөнү алмак-салмак карады. Калыйпа унчукпай чыгып кетти. Асел дагы үн катпады, Насырынбек аялынын артынан чыкты, ал үндөбөй бир жакка кийинип чыгып кетти, ал эки баласынын сүрөтүн алып көзү ачыкка кетти, өзү бирөөнү угуп жүргөн аялга барды. Зарина болсо кетип калды, аны токтотконго эч кимиси үлгүрө алган жок, билбей деле калышты. Калыйпа адегенде Мирландын сүрөтүн коюп:

- Ушул балама төлгө ачып бериңиз сиңдим, - деди муңая.

- Бул баланын акыбалы оор, - деп башын чайкады көзү ачык, - Бул адам канын мойнуна алган, чоң күнөө жасаган, ортодо бир аял бар, ошону кызганган.

- Оо куда-ай! - Калыйпа көз жашын куюлта карады, - Эми эмне болот?

- Эми оңолбойт, ошол калыпта бир топ жыл азап тартат.

- Кайрадан өзүнө келбейби?

- Жок, аны арбак кыйнап турат.

- Рахмат сизге, - Калыйпа Эрландын сүрөтүн көргөзгөн жок, таксиге отуруп жол бою ыйлап келди, Насырынбек аны көрүп эле:

- Мирланга бардыңбы? - деди.

- Жо-ок, - Үйгө кирип ыйлап жаткан Манасты алды, Асел отуруп тура албай жатып тамак жасап жүрөт, үнсүз ыйлап отура берди, кечки тамакты ичкенден кийин Асел идиш аяктарын жууп анан бөлмөсүнө кирди.

- Калыйпа, Зарина болсо кетиптир, эмне болду? - Насырынбек аялын карады.

- Мен сага эмне деп айтаарымды дагы билбей турам, ким ойлойт ушундай болот, - деп ким ойлоптур?! - Калыйпа ыйлап отуруп баарын айтып берди, - Кантип ошого барды-ы, эки көзүмдөй көргөн балдарым бири-бирин жоготот деп оюма келсечи-и! - Буркурап ыйлап жаткан аялына сөз кошо албай Насырынбек дагы үнсүз ыйлап отурган эле.

- Ортосунда аял бар дедиби?

- Ооба, түшүнбөй калдым, Зарина болсо Асел экөөнүн...

- Андай болу

шу мүмкүн эмес.

- Мен дагы ошентип ойлойм, анан эмнеге өчөштү десең?

- Ким билсин...

- Оо кудай ай, эми кандай кылсам экен, Эрландын мүрзөсүнө тайытсамбы Мирланды?

- Тим кой, өз жазасын ала берсин! - деди Насырынбек кайраттана.

- Кантип чыдайм, бир балам өлүп калса, бири тирүүлөй жаза тартабы?

- Тартсын, эмнеге ошого барды, мени ойлонткон ошол.

- Кантип билебиз, эмнеге ошого барды, кантип колу тийди? - Экөө түн бир оокумга чейин ыйлап-сыктап отуруп анан жатышты, Саида эки балалуу болуп калган, тез-тез келип кабар алып турат. Кийинки келгенинде ал Мирландын акыбалын көрүп ыйлап кеткен, ага бул жөнүндө билгизбей турган болушту, ал тургай ичтен тынып гана тим болуп калышты. Элден тартынды, бир кездеги бактылуу үй-бүлөө ушинтип томсоруп ый аралаш үшкүрүк менен оор күрсүнүү гана кирип чыгып бул үйдө киши барын билгизип тургандай. Калыйпа ошентип жүрүп ооруп калды, Насырынбек үйдө болгону менен эч ким менен сүйлөшпөйт, Асел экинчисин кыз төрөгөн, ал эки бала менен эптеп күн өткөрүүдө, апасы менен сиңдиси Асыл келип кабар алып турат. Мирландан эч кимиси кабар албай калды, бир күнү Зарина барса ал аны таанымак турсун караган да жок, жакын барып алып барган тамагын берейин десе:

- Эй, сен кимсиң, жогол нары! - деп колундагысын чаап жиберип качып бара жатты, - Мен эмес, мен эмес, баарына Асел күнөөлүү! - Жүгүрүп бара жатып көмкөрөсүнөн жыгылды, Зарина аны көрүп ыйлап турганда Мирланды палатага алып кирип кетишти, анын жанына улгайган аял врач келди:

- Кимиң болот кызым?

- Күйөөм эжеке.

- Өкүнүчтүү, мурда ооруган жок беле?

- Жок, жакшы эле жүрчү.

- Мындай оору менен ооругандар көп кызым, жин-шайтан ээлеп алган, бирөөгө зыян кылган жок беле?

- Жо-ок.

- Эми жасашы мүмкүн, келсең дагы жакын барба.

- Такыр өзүнө келбейби?

- Күмөн.

- Дарылаганга да болбойбу?

- Мындайдын көбүн көрдүм, кээси кадимкидей болуп кетет.

- Муну деле жакшылап карасаңыздар болбойбу эже?

- Карап эле жатабыз, бирок азыр баары жетишсиз..

- Мен баарын төлөп берет элем эже, - деп Зарина жаштуу көздөрү менен ал врачка карады.

- Бир гана кудай билет кызым, кудайга сыйын, - деп врач басып кетти, Зарина бир аз туруп анан үйүнө кайтты, ал күйөөсүнөн биротоло үмүтүн үзүп келди, ойлонуп отуруп ичиндеги баласы үчүн ал кайнатасыныкына бармак болду да эртеси барса Саида келип калыптыр, ал жакшы маанайда учурашып үйгө киргизди, аны Асел да жаркылдап тозуп алды.

- Мен Мирланды көрүп келдим, - деди Зарина кабак чытып.

- Кандай болуп калыптыр? - деди Саида.

- Оңолуп калыптырбы? - деди Асел дагы.

- Билбейм, жылыш жок, мени тааныбады.

- Кудайдын берген оорусу да, - деп койду Насырынбек.

- Дарыланганга болот бекен? - Саида сурады.

- Кудай билет дейт.

- Шайтанга алдырган да, - деп ийди Насырынбек капыстан.

- Ата-а, - Саида таңгала карады, - Эмнеге?

- Жөн эле кызым, ооздон чыккан сөз...

- Акемди жакшылап дарылатсак болбойбу?

- Дарылатканга болбойт деди врач, - Зарина жер карады...

Айсалкын эки күндөн кийин ооруканадан чыкты, Гүлайым али жакшы боло электигинен ал калды, Айсалкын ага келип турам деп кетти. Бир аз тыныгуудан кийин Айсалкын кайрадан окуусуна барып жүрдү, бир күнү алардын үйүндөгү телефону чырылдап калганынан Гүлмайрам алды:

- Алоо, ким бул, аа-а Айсалкын азыр жок эле, макул ким чалды деп айтайын, макул-макул, - Трубканы коюп, - Аси кайда кетти эле? - деди.

- Билбейм, келип калат чыгар, - деди Аида.

- Ой ушул кыз башкача болуп бара жатат, тарбиялап коюш керек эле.

- Сен тарбиялайсыңбы? - деп кыздар күлүп жатканда Айсалкын кирди:

- Эмне болгон силерге? - Үчөөнү карады.

- Сени тарбиялаш керек болуп жатат.

- Болбосо чектен чыгып кеттиң.

- Жоопсуз эч жакка чыкпай турган болосуң.

- Мен силерге эмне кылдым? - Айсалкын тултуя өз ордуна отурду.

- Сага аз-зыр эле врач мырза чалды.

- Кайсы?

- Өзүңдү дарылаган Аваз Айталиевич.

- Эмне дейт?

- Сенин акыбалыңды билмек болуптур, бир келип кетсин дейт.

- Эртең барам, - Ошол учурда телефон кайрадан чырылдады.

- Ал-ала гой чоң кыз, врачың кабатыр болуп жаткан го? - деп Гүлмайрам берки кыздарга карап көзүн кысып койду.

- Ало-о, аа-а саламатсызбы, качан кайдан, кандай жумуш, жара-айт, - деген Айсалкын трубканы коюп сумкасын ала чыгып бара жатты, - Тез эле келем, - деди да күлүп чыгып кетти, ал ушунчалык толкунданып алган, неге экенин өзү дагы билбейт, Акматбек менен таанышкандан бери кайрадан көргүсү келип, эсине түшсө эле ал өзүн карап тургандай жүзү албырып чыга түшчү болду. Азыр чалган Акматбек эле, ал аны күтүп турган экен, таксиден түшкөн кыз жүрөгү лакылдай титиреп аста басып келди:

- Айсалкын кандай акыбал? - Акматбек озуна тосту.

- Саламатсызбы? - Уяң күлүмсүрөдү Айсалкын.

- Саламатчылык, Айсалкын бир жерге отуруп жай сүйлөшөлү.

- Сүйлөй бериңиз, жайчылык элеби?

- Баары жакшы, - Акматбек тамагын кыра саамга кызды карап туруп, - Эмне десем экен, жөн эле бир аз сүйлөшсөк дегенмин.

- Ушул жерден эле сүйлөшсөк болот го?

- Жо-ок, мындай болбойт, жүрү бир жерге баралы, - деп кызды жылмая колтуктан алды, - Жүрүңүз сулуу кыз. Акматбек өзүнүн Мерси менен аны шаардагы эң жакшы ресторанга алып барып төр жагына өтүштү, - Кана отура гой.

- Рахмат, - Айсалкын кызара ал жылдырган орунга отурду, - Бекер убара болдуңуз.

- Убарасы жок, бири-бирибизди жакындан таанысак жакшы болоор, - Акматбек жылмая карады, официантка келип буйрутманы алып кетти, - Үй жөнүндө сүйлөшүп койдум, кандай ойлойсуң Айсалкын?

- Мен эки жылдан кийин бүтөм, үйдүн...

- Үй тура берет, - Акматбек отургучка чалкалай отурду, - Сен окууну бүткөнчө турасың.

- Бекер убара байке.

- Айсалкын, сенин жигитиң барбы?

- Ж-жо-ок, эмнеге сурадыңыз? - Жүзү кызара карады.

- Биринчиден сулуу кыздарга көз артпаган жигит болбосо керек, экинчиден сиздей сулуу кыздын жигитинин жок экени кызык? - Күлүмсүрөй карады.

- Эмнеге?

- Жигити бар го дегенмин.

- Азырынча мени карай турган жигит табыла элек, - Күлүмсүрөй жооп кылды.

- Неге, же өзүңө жакпай жатабы?

- Ошондой, - Тамак келип калды, Акматбек толгон тамак-ашты буйрук берип бир винону дагы алдырды, - Муну...

- Айсалкын, бул жөн гана суусундук, эч нерсе болбойт.

- Мен ичпейм.

- Тамакка карайлы, - Колун жаңсады.

- Рахмат, - деп койду Айсалкын чынында ачка эле, көпкө тамактанышты, андан соң винодон Айсалкын ичкен жок, ошентип Айсалкынды кайра жеткирип койду, Акматбектин жаш жигиттей сыйчыл экенине ичи жылыды: "Мен аны сүйөм, мейли эл эмне десе ошол десин, мен аны сүйөм, ал мени сүйсө үй-бүлөөсүн дагы таштайт, аны менен дүйнө жүзүн кезип кетүүгө даярмын", - деп кубанычтуу бөлмөгө келди.

- Ийи, кандай өттү жолугушуу?

- Сүйүүсүн арнадыбы?

- Сени сүйүп калган го? - Кыздар ага жаадыра суроо берип жатты.

- Аваз Айталиевич кыйын врач дейт го?

- Жо-ок кызда-ар, мен аны менен барган жокмун.

- Эмне?

- Ким менен кеттиң эле?

- Сенин жашырганың бар го?

- Жо-ок! - деп кыйкырды Айсалкын аларга колун көтөрө, - Сөз бересиңерби деги?

- Болуптур сүйлө, - деп Гүлмайрам күлүп калды, анан үчөө аны карап калышты.

- Мен башка бирөө менен бардым, болдубу эми.

- Сүйгөнүңбү? - Аида күлүп оозун басып кыткылыктап кирди.

- Жо-ок, менин сүйгөнүм жок, бирок жакшы адам менен тааныштым.

- Ох-хо!

- Спонсор болчудайбы?

- Же сени сүйүп калыптырбы?

- Ошондой, сүйүп калса керек, - Айсалкын төшөгүнө жата кетти, - Эгерде сүйөм десе силерге айтам болобу?

- Сулуу жигитпи? - Дамира сурады.

- Сулуу...

- Бойдок бекен? - Гүлмайрам суроолуу карады.

- Бойдоктур да, - деп койду Аида.

- Андай мындайын билбейм, бирок сулуу.

- Бактылуу бол, - деди Гүлмайрам.

- Күйөөгө тием деп чыкпа эртең эле, - Аида күлүп калды.

- Кыскасы жаңыла көрбө, - деди Дамира.

- Кудай сактасын, - Айсалкын ойлуу унчукпай калды, кыздар дагы өз-өзүнчө ойлонуп жатып калышты, жаш кездеги оюнга тойбогон, күлсө күлкүгө тойбогон кездин өзүнчө бир рахаты бар эмеспи. Бир аз шарактап алышкан соң ар кимиси өздөрүнүн келечегинде кандай нерсе күтүп турганын кайдан билсин, ар бири өздөрүн керилген мырза жигитке туш болсом дейт эмеспи. Айсалкын Акматбекти көз алдына келтирип алып купуя жылмайып алды, андан кийин Акматбек күндө аны сабактан чыгып үйгө кетчү аялдамадан тозуп алчу болду. Эгерде ал келбей калса анын кабагы карыш түшүп эки жакты элеңдей анын көзгө тааныш Мерсин издей баштайт.

- Байке, эмнеге мындай кылып жатасыз, мен кызыңыз менен тең болсом, - деди бир күнү Айсалкын.

- Өзүм дагы билбейм.

- Аялыңыз билсе уят го, Арууке мени уят кылат.

- Эч ким билбейт.

- Кантип, сизди бир күнү болбосо бир күнү тааныштарыңыз көрөт да.

- Көрбөйт.

- Мындан ары келбеңиз, - деди Айсалкын, - Менин курсташтарым көрсө уят.

- Эмнеге?

- Менин ата-энемдин тааныштары мени көрсө...

- Айсалкын, эчтекеден коркпо, мен сага жамандык кылбайм.

- Билем, бирок минтип жүргөнүбүз уят.

- Эмнеси уят жөн гана сүйлөшсө болбойбу?

- Болот дечи, бирок ашыкча болуп кетти, - Айсалкын андан өзү айрылгысы келбей турса дагы анын оозунан бир сөз чыгабы дегендей сөзүн улантты, - Менин ата-энем угуп билип калса капа болот, керек болсо кечип кетишет.

- Жаман ойлобо, - деген Акматбек ойлуу рулун кармап кете берди, ал ушул турган ууздай жаш кызга бирдеме десе эле артын карабай басып кетеби деп коркуп ашыкча сөз сүйлөөдөн тартынат. Бул кызды жоготуп алуудан коркот, үйүнө барганда дагы үшкүрүп дурус бирдеме ичпейт. Айсалкынга жолугуп барганда кабагы ачылып неберелерине таттууларды алып барып оңуп калчу болду, жолукпаса кайрадан түнү бою уктабай дары ичип уктайт.

- Сиз капа болбоңуз, мындан ары келбеңиз.

- Айсалкын, үйгө эртең көчүп ал, - деди Акматбек аны укпагандай.

- Жо-ок.

- Жакшы кыз, - Акматбек унааны четке токтотту, - Биз сүйлөштүк го, ал үй меники, жөн гана бошотуп койдум, - деди калп айтып.

- Мейли, баары бир барбайм.

- Кой эми, мен акы албайм, анын үстүнө окуу жайдын жанында.

- Чынбы? - деп алып кайра кабагын салып калды.

- Ооба, кирип кетесиң дароо эле, көрүп келелиби?

- Көрөйүн, - деди Айсалкын көңүлсүз.

- Аа-азыр көрөбүз, - Акматбек унаасын буруп артка айдады, алар дал алар окуган окуу жайдын арт жагындагы кабат үйлөрдүн биринчи подъездине кирип экинчи кабатынын экинчи каалгасына келип токтошту.

- Ушулбу?

- Ооба, азыр көрөсүң, - Эшикти ачты, - Кана кир.

- Сиз кириңиз.

- Кире бер, - деди эле Айсалкын бөлмөгө баш бакты, эки бөлмөлүү үйдүн ичи жасалгалуу бойдон экен, кирсе чыккыс.

- Арууке билеби бул үйдү?

- Жо-ок.

- Эмнеге? - Айсалкын бурула карады.

- Ата-баланын ортосунда жашыруун нерсе болушу керек Айсалкын.

- Мен кеттим! - Айсалкын негедир дароо артына бурулуп бөлмөдөн чыгып кетти.

- Айсалкын, сага эмне болду?

- Эчтеке! - деди да жүгүрүп жөнөдү, Акматбек унчукпай кала берди, Айсалкын кетип бара жатып ыйлап алган. Эмнеге ыйлаганын өзү деле билбейт, болгону жүрөк түпкүрүндө анын акактай сезимин бир нерсе кирдетип тургандай, өзүнө ээ бербеген кызганыч ээлеп алгандай: "Жашыруун дейби, демек бул башка аялдар менен жолугуп турат экен го, аялы менен балдарынан жашырган ал кандай нерсе болмок эле, менин сүйүүм ушинтип кордолмокпу, мен неге ушул өзүмдөн улуу адамды сүйүп калуум керек, эгерде менин сүйүүмдү аздектеп ала турган болсо мен ал үчүн баарына даяр элем го", - деп солуктап ыйлап бара жатып жол боюндагы отургучка отуруп алып солкулдап жатканда аны артынан акмалап унаасы менен жай келе жаткан Акматбек жанына келип отурду:

- Эмнеге капа болгонуңду билбейм...

- Сиз көп аял менен жүрөсүзбү?

- Неге мындай дейсиң?

- Жашыруун үйүңүздө дейм.

- Ой жо-ок, сен үчүн баарын даярдаганмын, сатып алганыма үч күн гана болду, мен сени чоочутуп албайын деп айткан эмес элем, - Оор күрсүнүп алды, - Ушул жашымда өзүмдү башка бирөөнү сүйүп калам деп ойлобогонмун.

- Сүйүп калдыңызбы?

- Ооба, сүйүүм жоопсуз калабы деп корком.

- Эмне үчүн?

- Анткени ал мен үчүн кол жеткис.

- Сүйүүңүздү айттыңыз беле?

- Айтууга ооз барбайт.

- Катуу сүйөсүзбү?

- Абдан, бирок байкабай назик гүлдү үзүп соолутуп алгандан корком.

- Кызык экен, ал кайда?

- Жакын эле жерде.

- Айтып көрбөйсүзбү? - Айсалкын анын сөздөрүн түшүнгөндөй, негедир эмелеги үшүгөн жалбырактай дирилдеген сезимдери аны көздөй тартылып анын ийинине жөлөнүп алганын сезбей да калды, - Мурда сүйүп үйлөндүңүз беле?

- Ооба...

- Сүйүү жок болуп кетчү сезимби?

- Жок, сүйүү деген жаңыланып турушу керек.

- Кандайча?

- Адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин денеде ысык кан жүрүп турат, тирүү сезим улам кайра сүйүүгө акылуу, анткени сүйүү деген ыйык сезим адам баласын алга карай жашоого үндөп турбаса өмүр токтоп жашоо кызыксыз болуп калбайбы.

- Аялыңыз сизди сүйөбү?

- Балким.

- Сизчи?

- Билбейм, үйлөнгөн соң жоголгон.

- Жоголуп кеткени жаман экен, мен сүйүүдөн корком.

- Неге?

- Сүйүү жоголуп кайрадан башканы сүйүп кетсечи?

- Андай дагы болот, бирок баардык сүйүү бирдей эмес.

- Кантип, ар кандай болобу?

- Түбөлүк сүйүү бар, убактылуусу да...

- Менин сүйүүм түбөлүк болсо го...

- Сүйгөн адамың барбы?

- Ооба.

- Кайда?

- Жакын эле жерде, бирок менден алыс, - Экөө сүйлөшүп отуруп бири-бирин түшүнгөндөй болду, бирок экөө тең билгизбеди, эки жүрөк алыстан гана бири-биринин согушун тыңшагандай, эки бөлүнсө эле биротоло ажырап калчудай... Бирок ал экөөнү кыз-жигит эмес ата-бала деп ойлогудай, ал эми сезимдер эч качан улуу кичүүнү айырмалабаган улуу күч эмеспи. Бул эки жаш дагы улуу күчтүн кулу эле, экөөнүн сүйүүсүнө эч нерсе туруштук бере албас, алар азыр өз дилдеринде толкуну катуу сел, агыны күчтүү дайра, чартылдаган чагылгандуу нөшөр же дүйнө жүзүн каптаган өрт келе жатса дагы сезимдеринен баш тартпас эле, бирок азыр алар качандыр бир кезде бири-бирин түшүнүп эки айрылыш жолго түшөөрүн сезишпеди..

Айсалкын кайрадан батирине кубанычтуу келди, кыздар жок болчу, кийимдерин жыйып өзү кете турган болуп камынып жатты. Ал баарына кайыл болуп турду, ал учуп дилинде баарына көз жумуу керек болчу, кечки саат алтылар болуп калган болчу, Зуура кирип келди, Айсалкын жетип эле кучактап калды. Демейдегиден башкача кубанычтуу, жүзү албыра көздөрү жайнап кеткен кызын көргөн эненин көөнү жайлана түштү, үйдөгү эки уулу дагы бой жеткен, Табылды айылда калып үйлөнгөнү жаткан эле, эми кызынын бактылуу жүзүн көрүп: "Ээ кудай, ушулар бактылуу болсо Туку экөөбүздүн бактыбыз ошол эмеспи, бу кыздын бир сыры бар, чекип сурап көрсөм бекен, жигит таап алдыбы, сурасам айтаар бекен, же тим койсомбу, өзү айтпаса сурабай эле коеюн", - деп ойлонуп калганда Айсалкын атасы менен инилерин сурап келип:

- Апаке, мен бир сыр айтсам таарынбайсызбы? - деди жаракөрлөнө кучактап өөп.

- Кызым, качан капа болчу элем, айта гой.

- Апа, мен сүйүп калдым.

- Кимди ботом? - Эне кызын элээ карады.

- Бирөөнү апа, - Эркелей карап күлүңдөп турду.

- Ким ал, сени сүйөбү?

- Ооба, ал дагы мени сүйөт апа.

- Мейли кызым, бактылуу болсоң болду, кайсы жерден экен?

- Шаардык эле.

- Бактың ачылсын кызым, - Зуура кызын боорун кысты.

- Апаке.

- Ийи.

- Урушпайсызбы?

- Эмнеге урушам, сенин өз теңиңди таап кеткениңе кубанам кызым.

- Апа.

- Оов.

- Ал менден улуу адам.

- Эмне дейт ботом? - Зуура чоочуп кетти.

- Ошол, - Айсалкын эми апасын кучактап солкулдап ыйлап кирди, - Мен аны сүйүп калдым, өзүм сүйдүм апа, кечирчи мени, атама айтпай эле коюңуз.

- Эмнесин айтам кызым...

- Алтын апакем.

- Аси, сен жаңылып калба кызым, ал кызматчы бай немеби?

- Кызматчы деле эмес апа, бирок жакшы адам.

- Бала-чакасы бар бекен?

- Бар...

- Жеңил болуп калба кызым, сен аны менен түбөлүк кала албассың?

- Түбөлүк болооруна ишенем апа.

- Ай кызым ай, жаштыгыңды пайдаланып кетпесе болду, Сапийналар эмне дейт, өзүнүн кызы болбосо ошол да, жакшы тарбиялай албады дейт го садага.

- Аларга эчтеке билбейм деп коюңуз.

- Кантип, мен өмүрүмдө калп айткан эмес элем, силерди дагы калп айтканга үйрөтпөдүм, эмне болсо дагы чындыкты айткыла дечүмүн туурабы?

- Туура, ошондуктан сыр жашырбай айттым апа... - Ошол убакта топурап кыздар келип калып эне-баланын сөздөрү токтоп калды, анын алып келгендерин ортого коюп, кыздар тамак жасоого киришишти, Айсалкындын буюмдарын топтоп койгону көрүп үндөгөн жок кыздар.

- Табышты үйлөнтөлү дегенбиз кызым, - деди Зуура эми гана эмнеге келгенин эстеп.

- Табыш үйлөнөм дейби? - Айсалкын таңгала карады.

- Ооба, жыйырмага чыкты, үйлөнсө үйлөнсүн.

- Кызы каяктан экен апа?

- Эмилбектин кызы, экөө сүйлөшүп жүрүптүр.

- Куттуктайм апа, - Айсалкын апасын кучактап өөп койду.

- Эми сенин кезегиң, Табыштан мурун чыгабы десек...

- Окуумду бүтөйүн.

- Ой апа, - Гүлмайрам шакылдап күлө карады, - Аси канча жигитти кайтарып жиберди, болбосо эбак эле күйөөгө чыгып кетмек.

- Антпе да кызым, кыздын базары менен матанын базары бир кезде кызыйт, матанын өз кезеги өтүп жаңы мата чыкканда калып калгандай эле жигиттер дагы улам кийинки жаш кыздарга карап кетсе силер калып каласыңар, бул силерге дагы тиешелүү кыздарым.

- Чынбы? - деп таңгалды Дамира.

- Ооба, жашоодо жансыз нерселер менен адамдардын өзгөчөлүктөрү окшош болот.

- Чын эле, - деп Аида ойлуу отуруп калды.

- Ошону үчүн өз кезегиңердеги насиптен кур калбагыла кыздарым.

- Келиңиз, тамак ичиңиз, - деди Дамира, - Кыздар ичкен да ичпегенде арманда-а!

- Апа, Асиге врач ашык, бирок кызыңыз болбой жүрөт, - деди Аида күлүп.

- Аида жөнчү.

- Эмне жалганбы? - Гүлмайрам кошулду.

- Аси, сенин көңүлүң болбосо бизге бер! - Дамира Зуурага карай көзүн кысып күлө тамашалай карады, - Бирибиз чаап алалы.

- Менин анда ишим дагы жок.

- Байкуш чала берип тажады го.

- Анын кереги жок дедим го?

- Мейли кыздар, тамагыңарды ичкиле, - деп Зуура күлүп калды. Ошол бойдон унчукпай жатып калышты, эртеси сабакка барбай Айсалкын апасы менен базарга барып керектүүсүн алышып анан өзү бара турган үйдү көрсөттү, анан таксиге салып кайра келип таксиге жүгүн салып алып үйгө барды, кыздар сабакта болчу. Алар келгенде анын эчтекеси калбаганын көрүп таң калып отурушканда телефон чырылдап калды, кыздар бири-бирин карап бир аз отургандан кийин Дамира туруп барып алды:

- Ало-о, оой Аси сен кайда кетип калдың, эмнеге бизге айтпадың, жо-ок жок кыскасы күйөөгө тийдим дей көрбө, макул-макул, - деп жанына келген кыздарга кайрылды, - Аси бизден биротоло кетиптир, телефон номерин жазып алчы, - деди, Аида жазып алды.

- Эмнеге, кайда кетиптир?

- Күйөөгө эмеспи?

- Жо-ок, атасынын туугандары бар экен.

- Аа-а, - Аида ордуна барып отурду.

- Үчөөбүзгө эми дагы бир кыз керек, - деди Гүлмайрам.

- Албетте керек, болбосо үчөөбүзгө оор болуп калат, - Үч кыз ошентип үч жерде отуруп калганда кайрадан телефон чыр этти, бул Аваз Айталиевич болчу, Гүлмайрам ага эми эле берген Айсалкындын телефон номерин бере салды.

- Кызык, - деди Аида өзүнчө отуруп, - Аси эмнеге андан качат?

- Ким билсин, жүрөгү каалабаса качат да.

- Аны сүйбөйт чыгар.

- Сүйбөсө үмүтүн үзүп койбойбу? - деди Дамира.

- Өзү билет да.

- Чынында текебер кыз ээ?

- Койгула кыздар, көзү жокто жамандабай.

- Жамандаганбы, чындык го?

- Болду, кечкиге бирдеме жасайбызбы? Кыздар ошентип үчөөлөп тамак жасап ичип жатып калды, алар дагы өз жашоолорунан көптү күткөн келечектин ар түрдүү кесиптердин ээлери, бир үй-бүлөөнүн очогун от тамызып, бала деген бакыттын даамын таттырган аял заттары болоору бышык эмеспи. Айсалкын менен бирге жашап бирге турганга көнүп калгандыктан оңкулдап калышты, бир жагы айтпай кеткенине таарынышты. Бирок эртең эле аны менен жолугушаарын ойлонуп көңүлдөрү көтөрүлүп калды, ошентип уктап кетишти...

Айсалкын даяр, бардык шарты бар үйгө келип сабагын даярдап анан муздаткычтан өзүнө жаккан тамагын алып жеп ойлонуп отурду. Акматбек баарын даярдап берген эле, өзү күндүз келип кайра кетип калат, билгизбей акча таштап кетет, анын баары Айсалкынга оор тиет, ал кадимкидей жигит менен жаштыгынын кайтарылгыс адеми күндөрүн каалагандай ойноп күлгүсү келет. Бирок Акматбек деле зыңкыйып дубал тургандай үндөбөй келип кетип калат, анын келгени Айсалкынга канчалык кубаныч тартууласа кеткени ошончолук оор болот. Акматбек келгенде өзүн даярдап кулачын жая мойнуна асылгысы келет да өзүн токтотуп туруп калат, ал акырын гана чекесинен өөп коет. Чалкасынан жатып алып китеп окуп жаткан Айсалкын: "Мен туура чечтимби өз тагдырымды, же ой-санаасы жок бир келесоо сыяктуу күн көрүп жатамбы, бул сүйүүбү же азгырык, азаптообу, апамды дагы санаага салып койдум, ал эмне болуп жатат болду экен, баарын таштап айылга кетип калсамбы, ата-энемди капа кылбай алар айткан бирөөгө тийип кетип баарын унутсамбы", - деп ойлонуп жатканда телефон чырылдап калды: "Кыздар чалап жатабы же Акматбек агабы", - деп ойлонуп тура калып ала койду.

- Алоо, ким экен? - деп эле туруп калды, бул Аваз Айталиевич болчу, - Аа-а, ма-акул...

Айсалкын башка эчтеке дей албады, ыкшына туруп кийинип чачын жасап алып сыртка чыкты, - Эмнеге эле чакырып жатат, эмне керек? - деп тепкичтен түшүп келе жатып сүйлөнүп алды. Шашпай эле троллейбус менен баргысы келип аялдамага келди. Барса аны өзү айткан жерде күтүп турган экен, утурлай тозуп алды, колунда гвоздика гүлүнөн бир букет бар экен.

- Кандай Бектурганова? - Аваз аны тамашалай жүзүнөн сүйдү.

- Саламатсызбы?

- Баары ойдогудай, эч дайыныңды билгизбей кеттиң.

- Убакыт жок, - Айсалкын жер карады.

- Кантип, кандай убакыт табуу керегин үйрөтсөм бекен?

- Кереги жок, жумушуңуз болсо айтыңыз.

- Шашылышсыңбы? - Аваз чекесин тырыштыра карады.

- Ооба, кетүүм керек.

- Кой, бир аз отуруп сүйлөшөлү, чай ичели, - Аваз ага аста карап койду.

- Чай ичкенге убакыт жок, сабакка даярдануум керек.

- Бүгүн сабакка барбапсың, - Күлүп көзүнө тигиле карады, - Чынбы?

- Жумушум чыгып калды.

- Айсалкын, кел чай ичип чыгалы, - деп жолдун аркы өйүзүндөгү кафени көздөй кызды колдон ала басып жөнөдү, - Бул сен экөөбүздүн алгачкы баарлашуубуз эмеспи, жай анан тынч болуу керек туурабы? - деп койду мойнун бура, негедир анын жаш баладай кубанычтуу жүзү, эркелегендей энтеңдей басып бара жатканы, колдорунун ыссык илеби кыздын жүрөгүн элөөрүтүп жүгүрүп келе жаткандай жүзү албырып кетти. Аваз аны жетелеген бойдон кафенин төр жагына өтүп бош орундукка кызды отургузду, - Ыңгайлуу эле бекен?

- Ооба.

- Кана, эмне жейбиз, мен ачкамын.

- Мен токмун.

- Макул, - Аваз Айталиевич ага жакын отуруп кыздын колунан кармады, - Айсалкын, менден качпачы сураныч, мен сага эч жамандык кылбайм, - Көздөрүн көзүнө такам ага эңилип отурду, - Болгону сени көргөнү тынчым кетти, кайда барбайын сенин элесиң турат, ооруканадабы же жолдобу, же төшөктөбү сенсиң оюмда.

- Муну мага неге айтып жатасыз? - Айсалкын мостое карады.

- Сен угууга тийишсиң Аска.

- Неге, бул сиздин ишиңиз го?

- Себеби сенсиң.

- Кызыксыз го? - Эми Айсалкын саал жылмайып тике карады.

- Мен сени сүйүп калдым Аска!

- Эмне?! - Айсалкын тура калды, - Менин кетишим керек.

- Чү-үш, - Аваз аны акырын ордуна отургузду, - Жигитиң барбы?

- Жо-ок, анын кереги эмне сизге?

- Кээде кыздар жигити болбосо дагы бар дешет, сиз...

- Мен ачык айтканды жакшы көрөм.

- Мунуң жакшы экен, - Официантка тамак алып келип калды, Аваз аны жылдырып шыпылдай ага жасакерленип жатты, ушул учурда Айсалкын: "Неге мен мындай акмак жанмын, өзүмө теңтуш жигиттер менин артымдан минтип жүгүрүп жүрсө мен атамдай адамдын караанына байлангыдай келесоомунбу, көзүм неге мындайды көрбөйт, жо-ок ушундайда аны менен жолугуумду токтотуум керек, Аманатты деле жактырчу элем го, үйлөнөөргө келгенде сүйбөсүмдү айтып башта тарттым, неге андай кылдым, мага не керек", - деп ойлонуп калганда, - Кана сулуу кыз, тамакка карайлы, - деп Аваз Айталиевич анын оюн бузуп жиберди.

- Аа-а рахмат.

- Алсаң Аска.

- Өзүмдүн эле атыман айтыңызчы.

- Эмнеге, жагымсыз угулуп жатабы?

- Деги айтам... Айсалкын тамактан алар алмаксан болуп отура берди. Аваз дагы үндөбөй тамактанып болгон соң:

- Айсалкын, мен сени сүйөм, кааласаң жолукпай деле кой, бирок мен сенсиз өмүр сүрө албайм, - деди жакындай отуруп, - Ырас, жүрөктү башкарыш кыйын дечи, бирок мен сен өзүң ойлонуп жооп бермейинче кыстабайм, - деди башын жерге сала.

- Болуптур, мен дагы ойлоноюн.

- Жарайт, - Экөө ордунан туруп сыртка чыгып кайра жолугушкан жерге келгенде, - Жүрү, өзүм жеткирип коеюн, - деп Джип унаасынын эшигин ачты, Айсалкын үйгө жетпей түшүп калды, аны ошол кезде Акматбек күтүп турган эле.

- Айсалкын, кайда бардың? - деп жете келип колунан кармай калды.

- Апамды узаттым.

- Аа-а, качан келди эле?

- Келип эле кетти, инимди үйлөнткөнгө барып кал дейт.

- Окууңду кантесиң?

- Суранам го.

- Канча жүрөсүң?

- Бир жумадай... - Ээрчише үйгө киришти.

- Арууке менен Аманат ажырашабыз деп жинге тийип жатат, - деди анан Акматбек чарчагандай орун алып жатып.

- Эмнеге?

- Ким билет?

- Бири-бирин сүйөт экен деди эле го?

- Аруукенин айтымында Аманат ага көңүлү жок экен.

- Баласы кантет?

- Төрөлө берсе көрөбүз да, тентиген жетим баладан айланабы? - Акматбек ачуулу экени көрүнүп турду, - Жаманды отко айдаса бокко качат деген ошо да.

- Кызык, Арууке кайда анан?

- Үйгө кетти.

- Сиз...

- Көңүлүм чөгүп биякка баса бердим.

- Жаман болуптур.

- Айтпа, балага бак айтпаса ата-эне тартат тура азабын.

- Кимиси ажырашам дейт?

- Аманат.

- Эмнеге үйлөнөт анан, кызык неме го?

- Болоору болоор Аси, кел бирдеме ичеличи, - деп Акматбек айтканда Айсалкын тайсалдай түштү.

- Азыр жасай коеюн.

- Тим кой, муздаткычты ачсаң, - деди ал, Айсалкын ачса грил менен баары турат, алар менен бирге вино дагы бар экен, - Келсем жок экенсиң, анан сени күтүп тургам.

- Күтпөй эле иче берсеңиз болмок.

- Мен сенсиз кантип ичип жай отурам Аси? - Акматбек ага көзүн кадай карады.

- Ичип, жашап эле жүрөсүз го?

- Ооба, баарынан тажадым, эми өзүмө көңүл бураар кез келди! - деп туруп келип кызды кармай калды, - Аси, мен айтчы, эмне кылабыз?

- Түшүнбөдүм, - Айсалкын карышкырдан корккон коендой айт десе айт деп качканы тургандай көздөрүн ирмегилей карады, - Эмне дегени турасыз.

- Сүйүүмдү түшүнсөң эгер минтип сурабас элең? - деп кайра ары басып терезеге барып сыртты карап көпкө турду, Айсалкын негедир андан коркуп кетти, дароо эле төшөккө сүйрөгөнү көз алдына келип: "Жок-жок, мен бул кишини сүйбөйм, ушундайда кетишим керек, мен жаңылдым сүйүүдөн, өз бактымды талкалап ала электе кетейин", - деп ойлонуп үстөл үстүнө баарын даярдап коюп:

- Келиңиз, даярдап койдум, - деди акырын.

- Кел, отуруп тамактанып алалы.

- Мен азыр эле ичип келип алган элем.

- Ошол кантип болсун? - Күлүмсүрөй карады.

- Отуруп турайын, - Ал дагы саал жылмайып келип анын маңдайына отурду. Акматбек аны бир карап коюп грилди бөлүп тарелкаларга салып, андан кийин өзү туруп барып бокал алып келип винодон экөөнө куйду, - Кана Аси.

- Өзүңүз алыңыз, - деген ал отургучтун четине коомай отуруп коркуп жатты, октос берип бир шек билинсе эле эшикти көздөй качканга даяр, акырын эттен алып билмексен болуп отурганда:

- Кел Аси, мындан татып кой, - деп бокалды сунду.

- Жо-ок, мен ал албайм.

- Эчтеке болбойт, бир куюм алып кой! - деп өйдө болуп бокалды ага карматты, - Кана эмесе, бизге ынтымак берсин ээ?

- Жок, мен ичпейм.

- Мейли, - деп койду Акматбек, Айсалкын ага чай куюп сунду да бир нерсе жасаган болуп идиш аяк жакты каралап: "Ачык айтып кетүүм керек, неге келдим бул үйгө, мен айбан болуп калганмын го, ата-энемдин мен үчүн кыйналышын каалабайм, алар мени айла жок баласы жогунан багып алып каалаганымдай багып өстүрсө мен аларды ыйлатамбы, анткеним болбойт, андан көрө өлгөнүм артык", - деп ойлонуп туруп байкабай калган экен.

- Аси, мага уруксат берчи? - деп Акматбектин үнү кулак тушунан угулганда Айсалкындын колундагы чыны түшүп:

- Аа-ай! - деп бакыра көзүн алайта карап чалкалай колдору калтырай туруп калды:

- Эмне болду, ушунча коркуп кеттиңби? - Акматбек өзүн кызыктай сезип кыздан оолактай берди, - Сен катуу ойлонуп жаттың беле Аси?

- Жо-жок, мен...

- Айта бер.

- Мен сизге... - Колдорун ушалап жер карады.

- Айтаарыңды билип турам, балким өз жолуң менен бол дегиң келээр?

- Байке.

- Ооба, мен өз жолум менен кетким келет.

- Демек ушундай дечи? - Акматбек оор күрсүнө аны карап эки колун кайчылаштыра туруп аны көпкө карады, Айсалкын башын жерге салып агайынан тил уккан окуучудай жер карап тура берди, - Макул, бирок бир шартым бар.

- Кандай...

- Бул үйдөн кетпейсиң.

- Эмнеге?

- Ушул үйдө тура бер, кийин ачкычын берип кетээрсиң, - деди да чыгып кетти. Айсалкын катып кала берди: "Менден көңүлү калдыбы, жакшы киши тура, үн дебей чыгып кетти, башка эркектер сымал мени баса калса кантет элем, алсызды алып жыгып тебелеп басып кетсе кандай күндө калат элем, мен туура кылдымбы, же өзүм туруксузмунбу", - деп ойлонуп туруп анан эшиктин ачык турганын көрүп жетип жаап ичинен илип алды. Анан ички бөлмөгө кирип жатып алып ойлоно берди, бирок ойдун түбүнө жеткен ким бар, өзүнүн туура же туура эмес кылганын чече албады. Ары бери оодарылып жатып кеч уктады, эртеси ойгонсо кеч болуп калган экен шашып эле окуусуна жетип барды. Ал күнү анчалык көңүлү ачылбай жүрдү, сабактан чыкканда Арууке аны жандай басты, Айсалкын Акматбек менен байланышкандан бери аны карагандан тартынып көзүн ала качып беттешпегенге аракет кылаар эле.

- Аси кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандай, лялка чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, Аси мен Аманат менен ажырашмак болдум.

- Эмнеге? - Айсалкын ага көңүл бура карады.

- Билбейм, көңүлү жок немеге жалдырамак белем?

- Сүйлөшүп үйлөндүк дебедиң беле?

- Сүйөм деп тим эле үйлөнгүчө болбой жаткан, кийин түшүндүм, көрсө ал сүйгөн кызына өчөшүп эле үйлөнүптүр да, эми менден таптакыр алыс, - Токтой калып Айсалкынга тигилди, - Сен анын ким менен сүйлөшкөнүн билчү эмес белең? - дегенде ал аны жалт карады, сүйлөөгө тили келбей саамга аны карады.

- Мен ушул окуу жайдагы эркектердин ким менен сүйлөшүп, ким менен мамилеси бар экен деп тескеп жүрөмбү Арууке? - деди анан ага карай.

- Жөн эле сурадым Аси, анткени ал ар дайым эле бирөөнүн атын айтып алат.

- Кимдин? - Айсалкын каштарын жыйра карады.

- Сенин!

- Эмне-е?!

- Билмексен болбосоң Аси, мен сенден чындыгын билейин дегенмин, сүйлөшүп жүргөнүң чын беле? - Маңдайына келди, - Суранам, сен аны сүйөсүңбү, айтчы ачыгын?

- Арууке, - Айсалкын аны колтуктай бак жакка басты, - Мен Аманат менен кыз-жигит катары эмес дос катары тааныш болчумун, мисалы сенин деле досторуң бар туурабы?

- Эмнеге айтпадың анан?

- Мен сенден ким деп сураганда башка атты айттың эле го, эгерде Аманат десең мен ачыгын айтмакмын, тааныш экенимди, бүт айтмакмын.

- Мага ал өз атым Абыл деген да.

- Анда менде кайсы күнөө, же кийин каш кагып имерип буздумбу?

- Айтканың туура, ал шүмшүк ошентсе айтам да, - Арууке кайра ыйлап ийди.

- Арууке, сен Аманаттан ажырашпа, балалуу болгондон кийин сени эле карайт, аны сен өзүң билесиң, имергенге аракет кыл, кайненең эчтеке дебейби?

- Жо-ок, ал киши ыйлап калды.

- Сен ал кишини сыйла, жалгыз калтырба, Аманат сени кет деген жок беле?

- Жок, кет деген эмес, болгону мен кетем дегенде ажырашалы деди.

- Анда сен кайра бар, кемпирди жакшылап карай бер, кетем десең жеңил болуп каласың, андан көрө кетпей өзүңдү сүйдүрүп ал Арууке.

- Ошондо ал ажырашпа калабы?

- Жо-ок, кызыксың го, эми көп болсо бир-эки айда төрөйсүң туурабы?

- Ооба.

- Анда мен айткандай кыл, мага ирээнжибе, мен эч качан Аманатты сүйгөн эмесмин, - деп Айсалкын курбусуна билген акылын айтып жөнөттү.

- Рахмат курбум, мен анда барайын, - Арууке курбусу менен өбүшө коштошту. Айсалкын ойлуу кетип жатканда жанына унаа келип кы-ыйч эте туруп алды. Бул Аваз Айталиевич эле, кечээ күнү анын артынан ээрчий жашаган үйүн дагы көрүп алган болчу, кыскасы ал кирген гана эшигин көрүп кеткен, Акматбекти артынан көргөндө атасы келип күтүп жаткан экен деп ойлогон.

- Айсалкын салам.

- Салам, - Айсалкын басып кете берди.

- Отур, жеткирип коеюн.

- Жакын эле.

- Билем, - Аваз жайлатып айдап бара жатты.

- Эмне? - Айсалкын ага тикирээ карады.

- Ооба, үйүңдү билем.

- Анда бекер убара болупсуз.

- Айсалкын, кел эми кардың ачкандыр?

- Үйдө бар.

- Айсалкын, - Аваз Айталиевич унаасын токтотуп түшүп келди, - Токтосоң эми.

- Шашылып жаттым эле...

- Бир саат убакыт тапсаң эми.

- Аваз Айталиевич, сиз мени жайыма кое аласызбы?

- Кое албайт экенмин.

- Тамашаңызды коюңузчу.

- Тамаша эмес Аска, мен сени сүйөм.

- А мен сүйбөйм! - деп аны түртмөк болуп бара жатып тык токтоду: "Ырысыңды теппе, сен эмнеге мынча текеберсиң, андан көрө далай кыздар сүйө турган жигитти колуңдан чыгарба, тигил Акматбек сенин сулуулугуң менен жаштыгыңа кана кызыктар болуп жүрөт, сени алдап кызыгы тараган соң басып кетет, ата-энеңди элге уят кыласың, айыл боюнча кепке калып жүзүң карайып басып жүрө албайсың, андан көрө бул сымбаттуу жигиттин сүйүүсүн какпа, бактыңды колуңдан чыгарба", - деген ой заматта башына келе түштү.

- Жүрү суранам.

- Асылып алдыңыз, - деди да жылмая унаага отурду.

- Рахмат, - деген Аваз Айталиевич кудуңдай айдап жөнөдү.

- Сиз канчадасыз? - деп Айсалкын суроо узатты.

- Картаң көрүнөмбү?

- Жо-ок...

- Жыйырма жетидемин.

- Оо, чынында картаң экенсиз, - Айсалкын күлүп калды.

- Ыраспы? - Аваз каткырып алды, - Ошондой, сен эмнеге эле карабай жатат десе.

- Таптыңыз.

- Кана, ушул эле жерге кирели ээ? - деп кубанычтуу жигит унаасын токтоочу жайга токтотту да кызды колтуктап кафеге кирди. Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, андан кийин экөө бири-бирине жакындай түштү, Айсалкын мурункудай ыргып качпай аны менен кызуу маектеше баштады, ал эми гана бул жашоонун кереметин сезип, өмүрдүн кымбаттыгына көзү жетип токтоло элек жаштыгынын аркасында жаңылып кала жаздаганын эми билди. Аваз Айталиевич кубана аны менен жолугуп күндө жанында болгусу келет. Анын атасы жок, апасы бар, үч бир туугандын кичүүсү, эки агасы дагы медик, улуусу Аязбек тиш доктур, ортончусу Апаз санэпистанциянын башчысы болуп эмгектенет, экөө тең үй-бүлөлүү, бир-экиден балдары бар. Апасы Мария өзү дагы медик болчу, азыр пенсияда, неберелерин карап үйдө отурганы менен Авазды күндө үйлөн деп тажатып келе жатат. Жолдо келе жаткан Аваз азыр кубанычтуу күлүмсүрөп: "Апа, сен күткөн келинди эми алып барамын, мен өз сүйгөнүмдү эми таптым, бактылуумун апа, эң бактылуумун", - деп ойлонуп бара жатты. Айсалкын дагы бул кезде кубанычтуу келсе үй ачык экен, акырын баш бакса Акматбек бар экен, дароо артына бурулду эле:

- Айсалкын! - деген Акматбектин өктөм үнү угулду, кыз тык токтоду, бир кадам алга же артка жылууга кудурети келбей дирилдей туруп калды, - Сен кайда, кир үйгө! - дегенде кайратын боюна жыйып бурулуп келди.

- Угуп жатам, - деди босогого келип.

- Эмне болду сага, кир бери.

- Мен...

- Кир эми, мен азыр эле кетем.

- Мен кетейинчи байке...

- Кайда кетесиң?

- Өзүмчө, кетүүм керек.

- Макул, - Акматбек эки колун чөнтөгүнө салып аркы-терки басты, анын азыр эмне ойлонуп жатканын Айсалкын сезбеди, болгону өзүн дөөнүн алаканындагы алсыз чымындай сезди, бирок дагы өзүн кармана: "Мен бул үйгө келбешим керек эле, буга көз каранды болгудай эмнеси өттү эле, ушундайда кетишим керек, үйүнөн биротоло кетүүм керек, алданып кала электе", - деп ойлонуп:

- Сиз мени кечириңизчи, кийимдеримди алып кеткени келгенмин, - деди.

- Мага бир ооз айтпай элеби? - Акматбек күлүмсүрөй карады, ал дал ушундай турушунда башкача сулуу адам эле, анын күлгөнү, сүйлөгөнү өзүнө куп жарашып турчу, аны бир карап алып кыз жер карай берди.

- Ооба, мени кечириңизчи, мен жаңылып калдым...

- Макул эми, мен сени кармай албайм, кирип алсаң ал!

- Рахмат, - Айсалкын коркуп төркү бөлмөдөгү чемоданын алды, башка эмне буюму бар экенине баам салбады, эптеп эле чыгып кетүүгө ашыгып чыгып кетмек болгондо:

- Эми бир мүнөткө аярлай турчу Айсалкын, - деп Акматбек айтканда анын жүрөгү бир болк этип алды, заматта анын оюна жаман ойлор келип көзүн жумуп ошол бойдон катып турганда Акматбек артынан келип:

- Муну менден белекке алып кой! - деди, кыз кылчая караса кутуча экен, чоңдугу дептердей келген чоң кызыл кутучу, Акматбек аны ага берди, алтын жасалгалары, сырга шакек менен алка эле.

- Жо-ок, мындай белекти ала албайм.

- Суранам, колумду кайтарба.

- Суранбаңызчы, мен буга татыктуу эмесмин.

- Сен баарына татыктуусуң Аси, сени сүйүп аз да болсо бирге отуруп көңүл көтөрүп өзүмдүн азабымды жеңилдеттим, - Акматбек терең дем ала Айсалкындын маңдайына өтүп эшикти жапканда ал көздөрүн алайта коркуп кетти, - Сен менден коркпо, сени сүй деп кыйнабайм, сүйүүгө милдеттүү эмессиң, сен мага капа болбогон болсоң ушул белегимди кабыл ал!

- Кечириңизчи...

- Албасаң кечирбейм.

- Байке! - деген Айсалкын колдору калтырай жазы келген кутучаны анын колунан алды, - рахмат.

- Сага рахмат, мага өткөн күнүмдү кайрып бердиң.

- Кантип? - Айсалкын таңгала карады.

- Мен бир кезде сага окшогон бир кызды сүйгөнмүн...

- Кантип, ким ал?

- Азыр, бир аз отурсаң айтып берем, - Акматбек өзү отургучка барып отурду, Айсалкын эмне кылаарын билбей сүйрөмө чемоданын бир карап алып артына бурулуп келип анын маңдайына отурду...

Мен анда жыйырма беш жашта элем, - деп сөзүн баштады Акматбек, - Институтту жаңы бүтүрүп мектепке мугалимдиктин алгачкы кадамын Ат-Башыдан баштоого туура келди..

- Ат-Башыдан?

- Ооба, кыргыз тил, адабияты мугалими болуп он жети жыл иштедим, жүрөк ооруну дал ошол айылдан таптым...

- Эмнеге?

- Бир кызды сүйүп калдым, бирок ал кезде мугалимдин окуучусуна сүйүүсүн билдирүү кылмышка тете болчу, коммунисттик партиянын милдетин аткарып так таза иштөө мыйзам эле. Мен ал кызды бүтөөр жылы көрүп дароо сүйүп калдым, аны көз алдымда кайтарып жүрүп онунчу классты бүтөөрүнө аз калганда кат жаздым. Бирок аны да бере албадым...

- Неге?

- Тартындым, аруу кыздын алдында алсыздык кылдым, ошентип экзамен болуп калды, мен анын суроолорго жооп берген бербегенин да эстей албайм, беш койдум, акыркы экзамен күнү аяктаары менен эле аны бирөөлөр ала качып кеткенин уктум, менин ошондогу абалымды сөз менен айтып бере албаймын, каникул башталаары менен эле өз айылыма кетип калдым, ошол бойдон барбадым, арманым да бактым да ал айылда кала берди... Кийин уксам ал күйөөсү менен сүйлөшүп жүргөн тура.

- Ал ким деген кыз эле?

- Жакында мен аны сураштырып билдим.

- Бар бекен?

- Ооба, ал азыр алты баланын энеси болуптур!

- Чынбы? - Мен учурунда ага өзүмдүн сүйүүмдү билдирген эмесмин, ал мен жөнүндө ойлоп да койгон эместир, бактылуу экен, ошону билдим...

- Мен тааныймбы, Ат-Башылык болсо?

- Анын бир баласы сенсиң!

- Эмне дейси-из? - Айсалкын тура калды.

- Отур кызым, сен апаңдын өзүнө куюп койгондой окшош болупсуң.

- Сиз...

- Ооба, ачык айтканымды кечир, бирок мен сени ошондуктан бошотом, бир кездеги айтылбай калган аруу сүйүүмө кара санагым келбеди, сенин артың менен аны бир көрүп келгениме бактылуумун, - Үстөлгө чалкалай отуруп Айсалкынга жылмая карады, - Бактылуу бол Аси, менин сага башка айтаарым жок!

- Рахмат сизге, - Айсалкын өзүн жеңил сезип алды, - Кош болуңуз!

- Кош, бактылуу бол, аман жүр! - Акматбек ага башын ийкей узата карап отуруп кала берди. Айсалкын бөлмөдөн чыгып ылдый түшүп бара жатты: "Кызык, менин апам аябай бактылуу аял тура, аны сүйгөн адам алигиче аны унутпаптыр, эмнеге ошол учурда неге бир жолу өз сүйүүсүн айта алган эмес, абдан маданияттуу дагы, ыймандуу дагы адам экен, атам деле жакшы адам, демек алар бири-бирин сүйгөн тура", - деп ойлонуп бара жатты. Бирок ал эми артына кайрылгыс болуп өз бактысын көздөй ашыга жөнөдү, кыздарга барса алар бар экен, үчөө аны карап эле калышты:

- Кандайсыңар? - деди Айсалкын озуна.

- Өзүң кандайсың, кайра келдиңби? - Дамира суроо узатты.

- Силерге келдим.

- Жакпай калдыбы?

- Ооба, - Айсалкын ушинтти да телефонго жетти, - Ало-о, Аваз Айталиевич бар бекен? Аа-а, келгенде бул телефонго чалсын айтып коесузбу? - деп телефон номерин айтты, - Рахмат.

- Ой-ой-оой, биздин кыз сүйүүсүн тапкан го? - деп Аида алаканын чаап күлүп калды, - Эми чоңойгон го ыя?

- Чын эле, бойго жетиптир.

- Мазактабагылачы кыздар.

- Чынбы анан, сүйүүңдү тапканың?

- Ооба, таптым окшойт, - Айсалкын оор дем ала колдорун кайчылаштыра аларды карап турду, - Мени аңдыбай өз жигитиңер жөнүндө айтсаңарчы.

- Сен өзүң менен өзүң болуп жүрсөң кайдан угасың? - деди Дамира.

- Туура, же биз менен сүйлөшпөсөң.

- Кызда-ар, - Гүлмайрам ордунан туруп аларды сыдыра карады, - Келгиле, жолугушуу уюштурабыз.

- Кантип?

- Эртең менин туулган күнүм эмеспи?

- Ооба, - Жарыша карап калышты.

- Бизде баары бар.

- Ооба-а.

- Үйүбүз кене-ен.

- Албетте.

- Анда биз өз жигиттерибизди чакырабыз.

- Анан.

- Анан ошентип тааныштырабыз, - деп алакан чаап Гүлмайрам каткырып калды.

- Чын эле.

- Ошентиш керек.

- Акылыңа баракелде! - дешип кыздар кубаттап калышты, ошентип кыздар даярданып жатышты, эртеси дем алыш болгондуктан алардын телефонунун жаагы тынбай чырылдай берди, улам бири кезек менен сүйлөшүп кечкиге чакырып коюп тамактарын чогулуп жасап, үстөл үстүн даярдап анан өздөрү жасанып жатышты. Кечки саат сегиздерде эшиктери тыкылдап бирден өз жигиттерин тозуп алып жатты, эң акыркысы болуп Аваз Айталиевич келди. Кыздар жигиттери келгенде даяр үстөл үстүндөгү жабууну ала коюп бир ооздон:

- Гүлмайрам, туулган күнүң менен! - деп кол чаап курбусун кучактап өөп киргенде ыңгайсыз калган жигиттер дагы бирден куттуктады. Акырында Гүлмайрамдын жигити:

- Гүлү, неге айтып койбодуң? - деди таарынгандай.

- Эчтеке эмес, сенин келгениң мен үчүн бакыт, - деп Гүлмайрам күлүп аларды жалпы дасторконго чакырды, - Жигиттер, биздин силерди чакырган максатыбыз белек алуу эмес. төрт курбу абдан ынтымактуубуз, бири-бирибизди жигиттерибиз менен тааныштырмак болгонбуз, ал үчүн капа болбостон дасторконго! - деди. Гүлмайрамдын жигити Жайнак, Аиданыкы Абакир, Дамираныкы Алым, Аваз болуп таанышып дасторкондо бакылдашып отурушту. Андан кийин кыздарды алар кафеге чакырышты, кеч кайра жеткирип коюшту, Аваз Айсалкын менен унаада отурду:

- Аска, мен апама убада берип койдум.

- Эмне деп?

- Келин алып келем деп.

- Окуумду бүтүшүм керек го?

- Окуй бересиң, апамдын күткөнүн орундатуу керек.

- Качан?

- Эмки жумада.

- Мен инимдин үйлөнүү күнүнө барышым керек Аваз.

- Барып кел, кааласаң алып барып келейин.

- Жо-ок, өзүм эле барам, атамдар күтүп жатышкандыр?

- Эки күн калды.

- Эртең кетесиңби?

- Ооба, жооп алып койдум.

- Макул анда, мен кирип эс алайын, эртең жолго чыгам, - Айсалкын унаадан түшмөк болду, - Жакшы бар.

- Жакшы түш көр жаным, - Аваз дагы түшүп кыздын жанына келди, - Менин асылкечим, ардактуум! - Кызды кучагына кысты.

- Койчу Аваз, бирөөлөр көрсө уят.

- Көрсө эчтеке болбойт, сен менин күнүмсүң, - Кучагына бекем кысып алды, - Аска, сен мени сүйөсүңбү?

- Ыкы.

- Сүйө-өсүң.

- Жо-ок, кыз кыткылыктай андан бошонууга тырышты, - Кое бер дейм!

- Сүйөм де, анан кое берем.

- Жок-жок!

- Айтпасаң кое бербейм, - Аваз катуулап кучактады.

- Ооба, мен сени сүйөм, сүйөм-сүйөм! - деп кыйкырып бошонуп жүгүрүп кетти.

- Мен дагы сени сүйөм Аска! - деп Аваз аны узата карап туруп анан унаасына отуруп жөнөп кетти. Үйүнө келгенде апасын уктап жаткан экен деп акырын өзүнүн бөлмөсүнө өтүп кетип бара жатканда:

- Аваз! - деди Мария аста үн салып.

- Апа, уктай элексизби? - Күлүп келип апасын өөп жанына отурду.

- Кайдан уйку келмек балам, заман бул болуп турат, сени күтүп отурам.

- Ой апа-а, эмнеге коркосуң, мен турам го жаныңызда.

- Качан үйлөнөсүң эми, мен келиндин чайы ичип небере көрөмбү?

- Апа, буйруса жакында келиндүү кылам, - деди Аваз күлө карап.

- Ыраспы балам?

- Мен калп айтчу белем?

- Садагаң кетейин десе, үйлөнгөнүң жакшы, үйгө дагы эрте келип каласың, ишиң бар, үстүңдө үйүң бар, үйлөнөөр мезгилиң келди садага.

- Болду апа, бойдокчулук менен коштошууга убакыт келди.

- Ошент, - Мария саамга ойлуу уулун карап туруп, - Кай жердин кызы балам? - деди.

- Ат-Башылык болот апа, келин болчу кыз сизге сөзсүз жагат, ата-энеси бар, экөө! - деп күлдү.

- Экөө дегениң эмнең ботом?

- Эки бир туугандар экен, агасы балалуу болбой инисинин кызын багып алышат да ал экиге чыга электе балалуу болушат, баккан апасы ага кичине кезинде ачыгын айтып түшүндүрүптүр, ошентип эки үйдүн ортосунда өсүптүр.

- Жакшы экен, окуйбу же иштейби?

- Мед академияда окуйт, төртүнчү курс.

- Өзүңө жаксын балам, бактылуу болсоң болду, - Мария ойлуу отуруп калды, - Мен камына берейинби? - деди анан.

- Камына бериңиз апа, буйруса сиздин туулган күнүңүзгө алып келем.

- Болуптур анда, айтып кетпейсиңби? - Эне уулун күлүмсүрөй карады.

- Жок апа, чын сөзүм, эмесе эс алайын ээ апа? - деп Аваз бөлмөсүнө кирди, анын көз алдында көздөрү жайнаган Айсалкын, баскан турганы, керилген бой келбети, жоодурай караган бае көз карашы, уктай албай көпкө жатып анан көзү илингенин сезбей деле калды...

Айсалкын барганда баары чогулуп келинди күтүп жатышкан эле, ата-энелери, коңшу-колоңу менен учурашкан соң өз ата-энесин көрдү, алар адаттагысындай эле салкын карап турушкан, эмдигиче агасынын көңүлүнө карап Айсалкынга үзүлүп түшүшпөйт, кыз дароо эле Сапийнага көзү түшө карады. Мурда канчалык көрүп жүрсө дагы баам салбаганын эми сезди, ал нак эле өзүнө куюп койгондой окшош экен, жүрөгү булкуп алды: "Акматбек байке чын айткан тура, көрсө анын алгачкы ууз сүйүүсү апама арналган тура, бул эмне айтылбаган арзуубу же тунгуч махабаттын өкүнүчтүү тарыхыбы, апам ал жөнүндө билет болду бекен", - деп аларга жеткенче ойлонуп эки көзү Сапийнадан өтүп келе жатканын көрүп ал утурлай басты:

- Аси, келдиңби садага? - Кучакташып калды.

- Окууң кандай Аси? - деп Нуралы келди.

- Жакшы, кандайсыздар?

- Кудайга шүгүр, өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Келин, келин келди-и! - деп алар жаңы учурашканда тургандар дүрбөп калды, ага удаа эле дарбазадан кыйкырта сигнал берген эки унаа чаң ызгыта кирип токтоду. Зуура жоолугун көтөрүп жүгүрүп жүрөт. Келинди киргизишти, ырым-жырымын жасап түлөө өткөрүшкөн соң кууп келишти, ошентип баягы бала көрбөй калдык деп үмүт үзүп инисинин балдарын кубат кылып жүргөн Туралы менен Зууранын кубанычында чек жок, жетине албай ачуу басараны абир торпок менен кырк миң сом койду, келгендерге ызаат-сый кылып кийит кийгизип алдына дагы отуз миң сом койду. Айсалкын апасы менен ээн-эркин сүйлөшө албай жүргөндө арадан эки-үч күн өтүп кетти, анан аны Нуралылар үйүнө конокко чакырып калышты. Ошондо гана ал өз жүрөгүндөгү кыйнаган суроого жооп алмак болуп келди, ага арнап кой союшту, өзү дагы эң кенжеси болгондуктан ага акча даярдап да коюшкан экен. Эт бышканча Айсалкын Сапийнанын жанында отурганда:

- Сиз Акматбек Уезбаев деген адабият мугалимин билчү белеңиз? - деди.

- Каякта экен? - Сапийна чоочуй карады.

- Сизди окутту беле?

- Ооба, эмне болуптур?

- Чоочубай эле коюңуз, - Айсалкын акырын күлдү, - Деги жакшы билесизби?

- Билгенде эмне, мугалим болчу.

- Сиз атам менен сүйлөштүңүз беле?

- Анын эмнесин сурайсың кызым? - Сапийна алгач жолу кызым деди.

- Жөн эле...

- Үйлөндүк, балдарды көрдүк кызым, - Сапийна "силерди" деп жибере жаздап токтоду.

- Иши кылса секрет деңизчи? - Айсалкын күлө берди.

- Болду ай кыз, теңтуш кылып аласың да, - Сапийна ачууланган болду да кайра аны суроолуу карады, - Акматбек азыр деле мугалим бекен?

- Жок.

- Анан кайдан көрүп жүрөсүң?

- Кызы мени менен окуйт, агай сулуу киши ээ?

- Ошондой, Сапийна эми сөзгө келгендей карады, - Ага ашык болбогон кыздар жок эле, ошол убак деле өтпөдүбү?

- Сизчи, сиз ашык болгон жок белеңиз?

- Болбогонду сураба кызым, андан бери канча жыл өттү.

- Сизге сүйөм деп айтпаса керек.

- Аны эмне эле такып калдың ботом?

- Ал сизди катуу сүйүптүр!

- Ыя?!

- Ооба, бирок тартынып айта албаптыр.

- Койчу? - деп дагы Айсалкынды жалт карады.

- Ооба, сизди катуу сүйүптүр, мага айтты.

- Кызык, сен аны менен сүйлөштүңбү?

- Ооба, Айсалкын апасынын көзүнө тике карап көпкө турду да, - Мен эгерде ал адамга турмушка чыга турган болсом не дээр элеңиз? - деди.

- Эмне-е? - Сапийна аны таңгала карап калды, - Сенби, Акматбеккеби?

- Ооба, мен аны сүйүп калсам эмне болот?

- Кой, мени менен тамашалашпа, - Сапийна ордунан туруп кетти, анын ичинде түпөйүл ой турду, кыжаалат болуп бир кездеги өзүнүн башынан өткөндү эстөөгө аргасыз болду...

Сапийна онунчу класска барганда аларга бир жаңы мугалим келип калды, кара мурут, көздөрү бүркүттүкүндөй өткүр, мурду кырдач, жүзү куба, узун бойлуу керилген жигит, кыздар алгачкы күнү эле шыбырашып жатышты. Сапийна анда аскерден жаңы эле келген Нуралы менен сүйлөшүп калган, класстагы балдар кыздар шыбырашып гүрү-гүү болуп жатканда жаңы мугалим кирип келди эле класс жымжырт болуп калды.

- Саламатсыңарбы балдар? - деди жаңы мугалим өзүнө көңүл бурдуруп.

- Саламатчылык агай, - дешип баары бир ооздон үн катты окуучулар.

- Бүгүнкү биринчи саат кайсы сабак экенин билесиңерби?

- Ооба, адабият сабагы.

- Эмесе мындай, - Мугалим журналды колуна алып окуучуларды бир сыйра тиктеп алып, - Мен кыргыз тил, адабиятынан берем, аты-жөнүм Уезбаев Акматбек, - деди да отуруп алып журналды карап окуучулардын аты-жөнүн окуп кирди, баары тура калып жооп берип жатты, кезек Сапийнага келгенде, - Сариева Сапийна? - деп ордунан турган кызды нестээ карап көпкө турду, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү, кыз дароо отура калды. Ошондон кийин сабакка киргенде ортоңку катардагы экинчи партада отурган кызды тиктей берет, бирок кыргыз тил, адабият сабагынан сурап да койбой эле "беш" деген бааны коюп койчу болду. Бир жолу ал коридордо келе жатса алдынан чыгып:

- Сариева, сен окууңду улантасыңбы? - деди жакын келип.

- Билбейм.

- Эмнеге? - Эңиле жүзүнө тигилди.

- Окуу үчүн жакшы окуш керек да.

- Сен жаман окуучусуңбу?

- Өтө деле жаман эмес.

- Эмесе жакшылап оку, жардам берем, кайсыга тапшыраарыңды айтсаң эле сүйлөшүп берем.

- Апам окутпайт го.

- Эмне, күйөөгө береби? - Саал жылмайды.

- Жо-ок.

- Анда эмнеге жибербейт?

- Эки иним бар, апам жалгыз да.

- Атаң жокпу?

- Жо-ок.

- Кечир, - Акматбек ойлонуп туруп, - Инилериң жашпы? - деди.

- Беште, үчтө окушат.

- Макул, дагы сүйлөшөбүз, - деп басып кетти, ошол жылы ал Сапийнанын үйүнө көмүр, жыгач отун түшүртүп берди, бирок Сапийнага бир ооз сүйлөгөн жок, мектепти бүткөнчө көзүн кылгыртып эле карап калат бирок үндөбөдү. Бирок Сапийна аны сүйүп бара жаткан эле, Нуралы ала качканда отурбай чыр салды, бирок апасы аны тынч отурсун деп айттырып ийгендиктен унчукпады...

- Сапийна, эт бышайын деп калды, жеңемдерге Жапарды жөнөтчү, - деп калды.

- Мен айтканмын, келип калышаар.

- Айтсаң жакшы болуптур, - Нуралы кайра чыгып кетти.

- Мен сизге жардам берейинби? - деп жанына келди Айсалкын.

- Жо-ок, сен коноксуң, отура бер, - деп койду Сапийна, аңгыча кобурашып Туралы менен Зуура, Нуралылар кирди. Бир туугандар чогуу отуруп тамактанышты, Айылчы дагы келген, ал эки үйдүн ортосундагы эрке бала, баары аны эркелетип турушат, ал азыр тогузунчу класста окуйт. Жапар жыйырма бешке чыкса дагы үйлөнө элек, эми үйлөнөм деп турган, Залкар болсо эки балалуу болуп айылдагы үйүндө, Зыпар үйлөнүп өзүнчө үй алып кеткен. Айсалкын ошентип бир жумадай жүрүп анан кетмек болуп жатканда апасына турмушка чыгаарын айтып отурду, баягы айтканына жүрөкзаада болуп жүргөн Зуура:

- Кызым, баягыңа чыгасыңбы? - деди аста.

- Жо-ок апа, мен жөн эле айтканмын, азыр врач жигитке чыгам.

- Ыраспы кызым? - Зуура кубанып кетип кызын кучактай калды, - Өз теңиңди тапсаң болду кызым, бактың ачылсын.

- Ооба апа, жаш эле жигит, үй-бүлөөсү бүт медик экен.

- Болсун, жакшы куда күтсөк жүзүбүз жарык болбойбу.

- Ошону ойлодум да.

- Сербейген садага болоюнум десе, себиң болсо даяр, болгону көшөгөнү алышым керек, той өткөрөсүңөрбү кызым?

- Ооба апа, Аваз үйлөнгөндөн кийин эле өткөрөбүз деди.

- Ырас болгон экен, кызымдан тою болот деп мен дагы мактанып калайын, атаң укса кубанаар, - Зуура кудуңдай карады, - Табыш менен Нестандын дагы үйлөнүү тоюн өткөрсөкпү кызым?

- Ошенткиле да, жөн тойдон айрымасы болот апа, Табыштын дагы өмүрүндөгү эң сонун учуру ошол болуп эстеп жүргөндөрүнө жакшы, мен камера алып берем, тойду баштан аяк тартып коебуз, кийин көрүп жүрөсүңөр.

- Атаңа айтайын, болгону үчөөңөр болсоңор, бактылуу эле болсоңор экен.

- Буйруса апа, - Айсалкын апасына эркелей карады, - Менин сөзүмө капа болбодуңузбу?

- Эмне дейт, кайсы кебиңе?

- Улуу кишини сүйүп калдым дедим го?

- Сенин андайга барбасыңды билем да кызым, - Жылмая карап эңиле өөп койду, - Менин кызым андай кылба-айм.

- Апа-а.

- Берекем, кой мен сенин жолуңа камданайын.

- Убара болбой эле коюңузчу.

- Капырай, кыздар үмүттөнүп калбайбы, тойдон салайын кызым, - Зуура туруп өзүнүн ишине киришти, Айсалкын уктап калды. Эртеси оор баштыктарды салып таксистке үйүнө чейин жеткир деп убадасын алып жөнөтүп калышты. Айсалкын жол бою ойго чөмүлүп кетип жатты: "Кыз бала туулган жеринде убактылуу гана конок болот тура, ал тургай ата-энеңдин дагы, бир күнү акыры өз эл-жериңди таап кете берет экенсиң, ошол үчүн кыз жаманы кыроо деп коет экен да. Мен дагы бул айылыма эми келсем конокко гана келемин, кош бол киндик каным тамган жер, түбөлүк менин эсимден кеткис туулган айылым, эркелеп өскөн жерим, мен үчүн сенден ыйык эч нерсе жок, бактылуу балалыгым сенин койнуңда калды. Ак батаңды бер ата-бабаларымдын арбагы колдосун", - деп терең ойго чөмүлүп кете берди. Качан гана үйгө жеткенде:

- Кызым келдик го? - деди таксист.

- Аа-а рахмат байке, - Айсалкын жүгүн түшүрүп калды, бөлмөсүнө келсе Дамира эле бар экен, ал дароо эле кучактап калды:

- Кандай келдиң Аси?

- Абдан жакшы, өзүңөр кандай турасыңар?

- Бизде баары жакшы.

- Аидалар жокпу?

- Жигиттери менен кеткен.

- Алим келген жокпу?

- Ой ал үйүнө кеткен, үйлөнөбүз дейт.

- Баарыбыз кетет экенбиз да? - Айсалкын сырдуу жылмайды.

- Эмне Аваз дагы үйлөнөм дейби?

- Ооба, эмки жумада...

- Ой, ошончо эртеби, биз окуунун аягына чыкпай эле баарыбыз күйөөгө чыгат экенбиз да? - деп экөө сүйлөшүп отурганда Дамира келди, андан кийин Гүлмайрам да келип курбулар келечек жашоолору, окуусу жөнүндө сүйлөшүп тойдун кешигинен жеп чай ичип отурушту:

- Кечээтен бери Аваз чала берип тажатты, - деди Дамира күлүп.

- Сүйүүсүн жоготуп албайын деп жаткандыр? - Аида тамашага чалып айтты, - Бу жигиттер тим эле артыңдан түшүп алса, жүрү тиякка, жүрү биякка, кафеге кирели, киного баралы дей бергени жаман экен.

- Башкысы чыгым өзүнөнбү? - деди Дамира.

- Жо-ок ай, бирин төлөсө бирин уялгандан өзүм төлөйм.

- Уялсаң өзүң багып жүрө бер анда.

- Сүйсөм кантейин анан?

- Кийин кантесиң анан, мойнуңа минип алат го? - Дамира каткыра күлдү.

- Антпейт, иши жакшы эле, - Аида кызаңдай кетти.

- Сеникичи Гүлмайрам? - деди Дамира, - Асиники го белгилүү, бир операция үчүн эле канча айлык акыны таап коет.

- Меники бизнесмен, менден сурабайт, - деди Гүлмайрам кенебей. Тамашалашып отурушту. Алар ар дайым бири-бирин тамашалап күлүп күн сайын күлкү менен күн кечире турган, бактылуу кыздар эле, алар алдыда эмне болоорун сезбеген бейкапар гана ата-эненин камкордугуна бөлөнгөн кыздар. Академияда канча кыздар болсо алардын ичинен төртөө абдан ынтымактуу дагы, Арууке турмушка чыкканы бөлүнүп калды, анткени сабакка келип кайра тараары менен үйүнө шашат. Кыздар ошондой бакыттын кучагында окуу менен бирге ойноп күлүп бейкапар жүргөндө Айсалкын Аваз менен кетүүгө даярданып жаткан. Сабакта отурганда Азиза деген кыз:

- Кызда-ар, биздин Асеманы Жайнак деген жигит алып кетиптир! - деп калды.

- Кайсы Жайнак? - деди Аида.

- Ким билсин, бизнесмен имиш, эмки айда үйлөнүү тою болот экен, кечээ мен апасына жолуктум, - деп калды Азиза, Асеманы баары эле таанышчу, Гүлмайрам ишенээр-ишенбесин билбей баш көтөрбөй отуруп калды. Чынында Азиза Жайнак Гүлмайрамдын жигит экенин билчү эмес, башкаларга деле билинбеген бойдон калмак, бирок бир аз отурган Гүлмайрам туруп Азизага карады:

- Азиза, Асема менен Жайнак сүйлөшүптүрбү?

- Мен билбейт экенмин, апасы айтты үйүнөн алып кеткенин.

- Ушул сөзүң чынбы?

- Эмне мен далилдешип керекпи?

- Гүлмайрам, - деди Дамира, - Кара кулдун катын алганы кимге дегендей Жайнак деген үйлөнсө көп кыргыздын бири үйлөнүптүр, аны сурап эмне кылабыз? - деп аны отургузду, бирок Гүлмайрам дептерлерин жыйнап чыгып кеткенде курбулары кошо чыкты. Айткандай эле Жайнак алдамчы болуп чыкты, Гүлмайрамды сооротуп жатышты кыздар, ал көзү тоодой болгончо ыйлап алардын жубатуусуна дагы болбой:

- Эмнеге мени алдайт, мен анын сүйүүсүнө татыктуу эмесминби? - деп ыйлап жатты.

- Ал акмак тура, тескерисинче ал сенин сүйүүңө тең эмес.

- Асема менден артыкпы айтсаңар?

- Ата-энеси болбой алып берип койсо керек?

- Эми эмне кылам, мен аны сүйөм да.

- Сени сүйгөн жигит дагы чыгат, - дешип кыздар аны тегеректеп боору ооруп турушканда эшик такылдап калды, кыздар негедир өз жигиттеринен күмөн санай башташкан эле, бири барып эшик ачканга даабай турушту:

- Аси, сен ачсаң, силер жакында үйлөнөсүңөр го, Аваз келсе керек? - деди Аида.

- Макул, - Айсалкын эшикке жетип, - Ким бул? - деди акырын.

- Мен Жайнак, ачсаңар кыздар, - дегенде Айсалкын кыздарды карады, алар Гүлмайрамды карашты эле:

- Кире берсин! - деди Гүлмайрам жаштуу көзүн сүртө, Айсалкын эшикти ачаары менен эле кирип келген Жайнак.

- Гүлү, жүрү кетип калалычы, мен сенсиз жашай албайм! - деп Гүлмайрамды кучактап калды, - Мени зордоп Асеманы аласың дешти, ал апамдын таежесинин кызы, бир тууган бөлөбүз, жүрү кеттик, мен качып келдим, - деп кызды сүйлөтө койбой энтеңдей шаштырып кирди.

- Каякка, эмне деп жатасың Жайнак?

- Үйгө, үйгө алып барам.

- Мени жакшы көрмөк беле барбайм.

- Сен барбасаң мен анда дайынсыз жоголом.

- Мен бирөөнү ыйлатып коюп сени менен барып бактылуу боло аламбы? - деди Гүлмайрам баятан берки өктө-таарынычын айтмак турсун, - Сен үйүңө киргизе электе келсең башка болчу, - Аны өзүнөн оолак түрттү.

- Гүлү, алар мени жөн гана сүйлөшүп келебиз, сен кызды көр дешти, тааныйм десем болушпады, көңүлдөрүн калтырбай барып коеюн десем дароо эле сөйкө салганы барышыптыр, анан кайра алып жөнөштү, өзүм дагы билбей калдым эмне болгонун түшүнбөй дагы калдым, кечке качырбай коюшту, анан Асемага менин сүйгөн кызым бар, - деп коюп баса бердим.

- Жайнак, - деди кыздардын эптүүсү да сөзмөрү дагы дамира, - Эми сен Гүлмайрамды алып барганда эмне пайда?

- Аларга айтам, болбосо экөөбүз тең өлөбүз дейм! - деп Гүлмайрамды карады, ал мостоюп эле эмне кылаарын билбей отурган, эшик ачык бойдон экен тапырап эле экөө-үчөө кирип келишти:

- Жайнак, бас үйгө кеттик, - деди бири.

- Мен барбайм, барсам Гүлмайрам менен барам.

- Сен жаш бала эмессиң, келин келип калды го?

- Мен эч жакка барбайм! - деген Жайнак ашканага жүгүрүп чыгып бычак алып келди, - Эгерде кетпесеңер мен муну да өзүмдү да өлтүрөм! - деп Гүлмайрамды бекем кучактап алды, - Экөөбүз тең өлөбүз!

- Жайнак, биз кеттик анда, - деп тигилер бири-бирин ымдай сыртка чыгып кетишкенде кыздар эси ооп эле отуруп калышты, эмне дээрин эч кимиси билбеди: "Демек Жайнак Гүлмайрамды сүйөт экен, жигит ушундай болуш керек", - деген ой ар биринин оюнда турду, кыздар ушул азыр булардын сүйүүсүнө күбө болуп турушкан, Жайнак өз туугандары кетээри менен:

- Гүлү, кеттик бул жерден, - деди алаңдай.

- Кайда барабыз?

- Алар дагы келишет, кетип калалы, - деп Жайнак шаштырганда Гүлмайрам болбоду, Жайнак көгөрүп айтканынан кайтпайт.

- Жайнак, мен сенин үйүңө жакшы маанайда барсам болмок, эми каргышын угуп кантип жашамак элем, пешенем ушул болсо көндүм, сенин эми тагдырың башка болгон болсо айла канча? - деди Гүлмайрам көз жашын төгүп.

- Менин тагдырым сени менен гана, мен аны албайм.

- Мен сени менен барбайм!

- Анда мен аяксыз жоголомун, ал үйдө, сен бул жерде күтө бергиле! - деп эшикти көздөй жөнөгөндө Гүлмайрам тура калды:

- Жайнак, тагдырга көнүү керек!

- Сен көнө бер, мен көнө албайм! - деп чыгып кетти, сыртта аларды аңдып экөө турган, анын чыкканын көрүп калып карап туруп ал унаасы менен жөнөгөндө артынан түшүштү. Жайнак катуу айдап кетип жатканда:

- Мына бул сообу өзү, өлгүсү келген жокпу? - деди бири.

- Мунун мындайын ким билиптир?

- Акемдерге эле барып айтпайлыбы?

- Ошентпесек караандабай калдык го?

- Кеттик, тезирээк айтуу керек, болбосо бирдемеге учурашы мүмкүн, - деди да алар унаасын артына бурду, Жайнак катуу кетип бара жатып жол боюндагы тосмого урунуп эчтеке билбей жатып калды. Бул учурда кыздар уйкусу келбей өздөрүнчө кыжаалат болуп жатышты:

- Гүлмайрам, Жайнакка эмне болот?

- Билбейм...

- Ачуусу менен бирдеме болсочу?

- Корком, бир нерсе болот.

- Эмне кылуубуз керек?

- Кантип билебиз эми?

- Ата-энеси акмак тура.

- Асема деле сүйбөгөн немеге макулдугун бербей койсо болмок экен.

- Анда эмне күнөө, анын дагы ата-энеси кыстагандыр?

- Мейли, Жайнак аны карабай койсо кантип окууга барат?

- Окубай калды го?

- Ай мейличи, иши кылса Жайнак аман болсо экен, - деп бышактайт Гүлмайрам.

- Ыйлабачы эми, кудай сактасын жаным, негизи Жайнактын сени сүйөөрүнө көзүбүз жетти, сенде эмне күнөө, бирдеме болсо ата-энеси өздөрү күнөөлүү.

- Койчу-у, Жайнакка эчтеке болбосунчу, анда мен канттим?

- Болду жаным, экөөңөр буйруса бактылуу болосуңар.

- Койгулачы, эми Гүлмайрамды ошолор жакшы көрмөк беле? - деп өздөрүнчө сүйлөшүп талашып-тартышып жатканда эшик ачылып эки аял, бир киши кирди, Гүлмайрам ыйлап отурган болчу.

- Кыздарым, Гүлмайрам ким? - деди ак жуумал аял.

- Мен...

- Жүрү кызым, - деди ал аял, - Жайнак аварияга учураптыр, сени сурап жатат.

- Авария, аманбы өзү? - деп барып ал эсине жоготуп койду.

- Алып чыгып ооруканага алып бара кокуй! - деп тигил аял коркуп кетип, алар менен бирге үч кыз дагы жөнөштү, жолдон эсине келген Гүлмайрам:

- Мени каякка алып барат, Жайнак аман бекен, айткылачы Жайнак аманбы? - деп безилдеп ыйлап жатканда тигил аял:

- Оолдо-о курган жаным ай, мен кылбадымбы, мен ушуга жеткирбедимби кызым, - деди буркурап ыйлап, - Жалгызымды өзүмдүн жек жаатыма үйлөнтөйүн дебедимби айланайын, эми аман калса эле болду.

- Ошончолук оорбу, ай кудай ай, жүр дегенде кете бербей, эмне болсо бирге болбойт белем? - Гүлмайрам дагы боздоп жатты.

- Гүлмайрам, тынчтанчы, - Аида аны карап ыйламсырады.

- Аман экен, сени сурап жатыптыр го, - деди Дамира.

- Коркпо, Жайнак күчтүү жигит, - Айсалкын бир жагынан кучактады, аңгыча алар ооруканага кирип келишти. Сабира ыйлап кирип бара жатканда кыздар Гүлмайрамды колтуктап жөлөп киришти, аларды көргөн эки-үчөө утурлай басты:

- Эмне болду, Жайнак эсине келдиби? - деди Сабира.

- Жакшы, ал эч кимди көргүсү келбейт.

- Жараты анча эмес экен.

- Оо жараткан, ушунуңа шүгүр! - деп ийди Сабира, - Киргизет бекен?

- Сиз барып сураңыз, - деди эле Сабира палатанын эшигин ачып медайымдан кичипейилдик менен:

- Кызым кирсе болобу? - деди.

- Эч ким кирбесин! - деген Жайнактын үнү угулганда Сабира болбой кирип барды, көзүнүн жашын куюлтуп:

- Уулум, мени кечир, мен куруюн, - деди араң.

- Мен эч ким менен сүйлөшпөйм! - Жайнак терс бурулду.

- Уулум!

- Кетиңиз, эмнеге мени сактап каласыңар, өлүшүм керек болчу! - деп сестрага кайрылды.

- Тынчтаныңыз, ансыз дагы нервиңизге доо кеткен, мээ чайкалган.

- Өлүп калсам болмок.

- Ок өлбөй кал балам, азыр Гүлмайрам келет.

- Эмне, ал келдиби? - Жайнактын көздөрү жайнай түштү.

- Ооба балам, мен алып келдим.

- Асемачы, аны кетирдиңерби?

- Эми кетирем балам, өзүң эле жакшы болуп кетчи садагаң, - Сабира эңкейип өөп анан чыгып кетти.

- Апа, Гүлмайрамды киргизбей эле койчу?

- Эмнеге? - Сабира чоочуй карады: "Эми аны көргүсү келбей калдыбы", - деген ой турду анда.

- Менин ушул түрүмдү көрбөй эле койсунчу.

- Ал болбой жатпайбы балам.

- Мм, - деп унчукпай калды Жайнак, Сабира чыгып кетти, Гүлмайрам менен үч кыз ал чыгаары менен тегеректеп калышты.

- Жакшы бекен?

- Сүйлөштүңүзбү?

- Акыбалы кандай эже?

- Жакшы-жакшы айланайын, уулумдун силердей теңтуштары барына шүгүр, - Сабира Гүлмайрамды карады, - Сен бизди кечир кызым, биз жаңылдык, мен барып үйдөгү кызды жеткирейин, уулумду сыйлап барктап алсаң болду, - деди да аста басып үйүнө жөнөдү. Гүлмайрам кирип барып Жайнактын бети-башы таңылуу экенин көрүп:

- Жайнак, эмнеге мындай кылдың, минтээриңди билсем кошо бармак экенмин, аччы көзүңдү, мени кечирчи Жайнак, - деп ыйлап колдорун кармап отурганда ал күлүп жиберди:

- Мен сопсоомун!

- Жинди, а бул эмне? - Таңууларын көрсөттү.

- Жөн эле сыйрылган.

- Өзүңдү кандай сезип калдың?

- Эң сонун, - Жайнак күлүп койду.

- Коркуп кеттим Жайнак.

- Коркпо, мен сопсоомун!

Ошентип арадан он күн өткөндө Жайнак Гүлмайрамга үйлөндү, андан эки күндөн кийин Айсалкынга Аваз үйлөнүп ата-энеси кубанып кубалап келип анан кайра көп өтпөй үлпөт тоюн өткөрүштү. Кыздар бири-биринин тоюнда ырдап бийлеп көңүлдөрү көтөрүңкү, Акматбек Айсалкындын турмушка чыкканын угуп абдан катуу ойлонуп кайрадан ооруп калды: "Тең теңи менен деген ушул экен да, экинчи жолу сүйүүдөн жолум болбоду, айла канча бактылуу болсун, кызым менен тең кызга өзүм деле жакындоого дитим бармак эмес, бул болсо дагы жашоонун берген сыноосу чыгаар, эмки сүйүүм алган жарым менен балдарыма, жакшы жашап өтүүгө гана арналат, азгырыктан акыл менен кутулбасам жүзүм карайып балдарымдын алдында басып жүрө албай калмакмын", - деп ойлоп алды. Бул адамдыктын эң жогорку сапатынын бири эле, болбосо өзүн гана ойлоп башканын абийири менен иши жок, үй-бүлөөсүнүн көз жашына карабай байлыгын колко кылып багып жатканына, байлык барына дөөгүрсүп канчалаган ууз кыздардын убалын уруп ойнобой адам эмес көр пенде болуп өтүп кеткени, кээси өз күнөөлөрүн тирүүлөй муңжу, же түрмөдө, же болбосо аяксыз жоготуп жазасын тартканы канча? Ошондуктан аргасыз эсиңе улуу ойчул Баласагындын: "Пенде көп, адам аз", - деп жазып кеткен улуу сөзү эске түшөт. Акматбек байлыгы, өңү жылмалыгы менен жаз кызды эбак абийиринен ажыратып зордоп болсо дагы жашыруун аялы катары жашап алса болмок. Жаштыгы, сулуулугу өзүнүн денесине сыйбай, өмүрдө өзү каалагандай жашагысы келип бир орунда тура албаган өктөмдүгү менен ушул менин сүйүүм, сүйүүмө жетсем бактылуумун деп жүргөн кыз андан баш тартмак эмес. Ошентип эки адам кеч боло электе бири-бирин түшүнүшүп өз жолдору менен кетишти...

Калыйпа Гүлайымдын ооруп калганын угуп Гүлүйпа менен ооруканага келди, ал аларды көрүп кубанганынан ыйлап ийди, алар менен сүйлөшүп отурганда Айсалкын менен Аваз Айталиевич кирди.

- Кандай Тентиева? - деди жылмая Аваз.

- Жакшымын.

- Сиз сакайып кетесиз, көп ойлоно бербеңиз жарайбы?

- Жарайт.

- Мен анан келем, - Айсалкын күлө карап коюп Айталиевич менен чыгып кетти, Гүлайым көңүлү көтөрүлө апасына кайрылды.

- Апа көрдүңүзбү, мен жакшы болуп калдым.

- Ошент, садагаң кетейин сербейген, Бакыт болсо жүгүрүп жүрөт, аны Куму менен Наргиза жанындай көрөт, - деди Гүлүйпа үшкүрүнө.

- Жеңемдин боюнда барбы деги?

- Билбейм, жөн эле жүрөт го.

- Врачка көрүнбөйбү апа.

- Өздөрү билет го, болбосо төрт жыл болуп бара жатат.

- Дуулат акемдер келиштиби?

- Алар бир жылда келсе бир келет, болбосо...

- Койчу эже, - Сөздү Калыйпа жула качты, - Аман жүрсө болду, менин балдарымды айтсаң, - Бышактап калды, - Бири өлүп тынса бири өлүү эмес же бир тирүү эмес болуп калды го?

- Пендебиз да-а, айтпай кантейин, үч балалуу болушту, бакыйган мугалим болду, бир келип неберелерибизди көрсөтпөйт, келсе өздөрү келип эле кайра кетет, катын эмес эле балээ албадыбы.

- Барып келбейсиңерби жездем экөөңөр.

- Телефон берген, ага сүйлөшсө үйдө эмеспиз, тияктабыз бияктабыз дей салат, анан кайдан табат элек?

- Кой Гүлү, биз эми кетели, - деди Калыйпа.

- Мейли апа, кабатыр болбой бара бериңиз.

- Сакайып кет кызым, Канайым менен Эркайым салам айтып өөп кой деди эле, келе албай жатат кызым, - Гүлүйпа эңкейип өөп анан жөнөй бергенде палатанын эшиги ачылып Күмүш эки келинине колтуктатып кирди:

- Садагаң болоюнум, сенин ооруңду мага бербейби кудайым, ичээримди ичип жээримди жедим эле, - деп ыйлап Гүлайымды өпкүлөп калды. Гүлүйпа бир аз аярлай калып аны менен учурашып анан кетти. Турат менен Канат врачка деп өзүнчө бир койду союп берип ийген эле, семиз койдун этин салып бир чара ашты эки келини көтөрүп кирди, палатадагылар ичип жегенден кийин батасын беришип ыраазы болуп отуруп сыртка чыгып кеткенде Айсалкын кирди:

- Кандайсыз анан? - Жылмая керебеттен кырына отурду.

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, - Айсалкын күлүп койду, ал бирдеме дегиче Аваз Айталиевич менен бирге бир врач кирип келди. Алар Гүлайымды көрсөткөн болуп ага тааныштырып койду, Аваз бир нече айга чет өлкөгө кетээрин айтып ага табыштады. Муканбет Аскарович деген врач эле, аз күн өтүп өтпөй ал Гүлайымды ата-энесиникине Айсалкын менен Аваз болуп жеткирип дароо эле үйлөнөөрүн айтып сөз салды. Ошентип Гүлайым Муканбетке турмушка чыкты, аңгыча жаркыраган жаз да келип өмүрдүн кызыгыны батырып моокумун кандырган куштардын мукам үнү теребелди шаңга бөлөп, айлана кооздукка батып турган чак...

Калыйпа менен Насырынбек кайгы касиреттен чыга албай турган, аңгыча эле Заринанын уул төрөгөнүн угуп жетип барышты, алардын эмки кубанычы да, кайгысы да неберелери болчу, Асел болсо бирде күлүп, бирде ыйлап тагдырына наалат айтып коюп эки баласын таштап кете албай же биротоло калып кала албасын билбей жүргөндө ата-энеси келип анын башын азат кылуусун сурашты. Айла жок тагдырына баш ийип кайратын үч небереси курчутуп турган Калыйпа менен Насырынбек келинине уруксат берип эки небересин алып калды. Эрландын өлгөнүнө эки жылдан ашып калган эле. Турмуш дегениң кызык, окула элек китеп барагындай улам ачкан сайын ар кандай кубулуштарга бай эмеспи, пенденин ага көнбөскө аргасы да жок, ыйлап-сыктап бири төрт жашар, бири эки жарым жашар неберелерин багып жатканда Заринанын турмушка чыгып кеткенин угуп небересин алып баса беришти. Ошентип инисин агасы өлтүргөнү ачылбай кала берди, демейде милициянын эшигин тешип: "Баламды өлтүргөн канкорду качан табасыңар", - деген ата-эне өз-өз ичтеринен тынып тим болгон. Бул жашоо ошонусу менен дагы кызык экен да, бир үй-бүлөөдө бакыттан маңдай жарыла кубанып өмүр өтүп жатса бир үй-бүлөө көз жаштан өмүр курап күндүн кандай өтүп жатканын сезбей да калат. ошону үчүн илгерки даанышмандардын: "Бири кем дүйнө",- дегенин эстеп тим болосуң. Эмесе кадырман калкым, эч качан ушул бири кем дүйнөнүн кыска өмүрүндө жакшылыктан башаты айланаңарда акмалап турсун!

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться