Айгүл ШАРШЕН


"Күбүлгөн розалар"


- Канчалык Марсты унутайын дегеним менен унуталбай кыйналдым. Жашоо ойдогудай, ал турсун Газым агай мага көз артып эчен курдай кафеге чакырды, эчен жолу жолугушууга чакырды, менин көңүлүм жок, негедир эле бир нерсе жетишпей жаткансып турам, санаадан эзилип баратам, курбум.

- Кантесиң Салима, баарын өзүң чечип, биринчи кадамды өзүң таштап Марска жол берип койбодуңбу, ал сен кеткенде аябай ичип да жүрдү, акыры эси бар экен өзүн-өзү сооротуп, токтотуп калды, эгер башка болгондо билбейм кандай болот эле...

- Байкушум десе, ага деле кыйын, аял алып жакшы болуптур, эмнеси болсо да балалуу болсунчу, бактылуу болуп кетсинчи.

- Зайна абдан жакшы келин экен, ал Марска кыз тийди, тагдырды кара, ал эми бизге өкүл кыз! - Кызгалдак курбусуна кудуңдай карап күлүп койду.

- Болсун курбум, кызыңар кут болсун!

- Рахмат Салима, мен адегенде сенсиз жаман болдум, бир жагы Марстын алган аялы кандай экенин көргөнү, бир жагы Марстын бизге мамилеси кандай экенин билүү үчүн атайы бардык. Жаркылдап өңдүү-түстүү экен, Марс болсо алып баягыдай эле жакшы тосуп алды, ыраазы болдук.

- Марс жаман адам эмес курбум, мен аны ошонусу үчүн аяп кетип калбадымбы, болбосо аны да, өзүмдү да алдап жашай берсем, өмүр бою анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип жүрүп өтмөкмүн. Анын оюна койсо мени кетире турган түрү жок болчу.

- Ошондо деле багып алып жашай берсеңер болмок да?

- Койсоңчу Кызгалдак, бирөөнүн баласы өмүр бою бала болот беле, өзүңдөн чыкпаган соң бир күнү болбосо, бир күнү ата-энеси чыгып жүрөктү өйүтүп арманга арман кошулбайт беле?

- Баккан балдарды көрүп эле жүрбөйбүзбү, чанда эле ата-энеси чыкпаса чыкпайт деле, бирок "ала кушту атынан айт" дегендей, элден угуп калса балага да силерге да кыйын болмок.

- Ошону ойлодум да, - Экөө көпкө сырдашты, ортолорунда койкойгон вино, астыларында түрдүү оокат. Ар бир көз ирмеминде Салима курбусунун бактысына суктанып отурду: "Кудай буга баарын берген экен, баланы да байлыкты да. Мейли байкуш, жакшы эле тартты азапты, көрсүн" деген ойдо болду.

Салима үч-төрт күн аерде жүрүп калды. Макулбек дагы аны сыйлап өз карындашындай сүйлөшүп, ал абалын сурамжылап койот. Ошол күнү Салима кетүүгө камынып жаткан. Макулбек жок эле. Сыртка машина токтогонунан Кызгалдак чыга калды.

- Кандайсыздар?! - деп маңдайында турган Марсты көрүп чоочуп кетти.

- Кел, кел, кайдан?

- Ушундай эле, Салима кете элекпи?

- Жок, эртең кетем деп жаткан, кир үйгө! - Кызгалдак Марсты үйгө жаңсап анын артынан өзү кирди. Кобур-собурду угуп чыгып келаткан Салима Марсты көрүп саамга жалдырай тиктеп калды.

- Кандай Салима, ден-соолук жакшыбы? - Марс жетип эле кучактап калды, - Кайда кетип калдың, неге айтпай кеттиң?

- Айтканда, айтпаганда не Марс, куттуктайм, келинчектүү болупсуң? - Марстын кучагынан бошонууга аракеттенген Салима ага жылмая карады.


- Рахмат асылым, - Марс Салиманы койо бергиси келбей көпкө тура берди, - Мен сенсиз жашай албайм дедим эле, бирок жашоо дегениң ушундай өзгөрүлмө болот тура, аргасызмын Салима, мени кечир!

- Ошо кантип болсун Марс, сени мен күнөөлөбөйм, кубанып турам билсең, өзүм балалуу боло тургансып, - Салима үнүн дирилдей көзүнө жаш айланып, өзү дагы Марсты бекем кучактап алганын сезбей калды. Кызгалдак болсо аларга тоскоол болгусу келбей ашканасына кирип өз ишин жасай берди. Алар көпкө бири-бирин кыса кучактап тура жиберишти. Кызгалдак алардын күлкүсүн уга чыга келди:

- Кана эмесе сүйүшкөндөр, сагынычыңар жазылса чай ичкиле! - деп күлө карады.

- Айтпа, сагыныч жазылмак турсун кайра күчөп Салиманы эч жакка кетиргим келбей жатпайбы!

- Кантет, эми экөөбүз башка адамдарбыз, үйбүлө деген ыйык, сен эми үйбүлөңдү гана биринчи орунга коюшуң керек, балалуу да болсоң, так что жаным, менден үмүтүңдү үз, андан көрө экөөбүз закска барып ажырашуубуз керек!

- Мен дагы эле ажырашпайм, керек болсо Зайнага айтам да, экөөңөр менен тең жашайм!

- Кантесиң Марс, андай болбойт, аялыңдын көңүлүн калтырып алба, жаш экен, эми аны сыйла, сүй, жаша!

- Билбейм, аны менен жашап жатып деле сени көп ойлоном, ал байкуш эч нерсе сезбейт, бае, мага ишенет!

- Көпкө чейин ары айтып, бери айтып атып Салима аны көндүрдү. Чынында ал деле кеткиси келбей турат, бирок аялынын убалын ойлоп өзүн токтоо кармап, аргасыз тагдырына ичтен кейип атты. Кызгалдак экөөнө эч нерсе дебеди: "Өздөрү чечсин, мен аралашпай эле койоюн. Салиманыкы туура, Зайнанын деле убал сообу бар да, ата-энесине ээ бербей Марс менен жетелешип баса берсе, эми төрөгөнү турат" деп ойлонуп отурат. Көпкө талашып тартышып жатып акыры Салима Марсты көндүрдү. Эртеси болжошкон жерден жолукмай болуп Марс үйүнө кетти. Ал кетээри менен Салима ыйлап жиберди:

- Неге биз ушундай тагдырга туш келдик курбум, айтчы неге, мени эмне үчүн эне болуу бактысынан куру койду жараткан?! Эгер төрөп алсам экөөбүз Күкүк менен Зейнеп болбой чогуу болбойт белек?! - Көзүнүн жашы мөндүрдөй төгүлүп Кызгалдакты карады, - Мына азыр кеткенде бир капшытым эңшерилип жалгызсырап калдым, жанымдан дегеле чыгаргым келбейт.

- Кайраттуу болчу алтыным, кайраттуу болгонуң жакшы, минте берсең өзүңдү-өзү жоготосуң, оорукчан болосуң, - Кызгалдак анын көз жашын аарчый эки бетинен өөп, сооротуп жатты, - Тагдырды кол менен жасоого болбой турганын өзүң билесиң, пешенеге ушундай жазылса аргаң барбы, андан көрө өзүңдү колго ал, мынабу келбетиң, жаштыгың сени дагы бир чоң бакытка жеткирет, чыда алтыным, чыда!

- Ооба, туура айтасың, чыдайын, эң жаман жери Марсты көргөндө эле бөлүнө албай жаман абалда калып жатам.

- Эми арыз жазып койсоң болду, андан аркысын өзү бүтүрөт, жолукпай кой, жумушуң бар, иштей бер!

- Ошентем, андан башка аргам жок да, кантейин... - Салима улутуна томсоруп отуруп калды. Чынында анын абалы оор эле, Кызгалдак аны алаксыта ар кайсыны сүйлөп отуруп кеч киргенин байкабай да калышты. Алар антип отурганда Калбүбү тамак жасап дасторкон жайды. Аңгыча Макулбек дагы келип калды. Чогуу отуруп тамактангандан кийин Макулбек өз иштери жөнүндө Кызгалдак менен кеңешип алды. Эртеси үйүнө конок келээрин айтып "камынгыла" деди. Калбүбүнү карай:

- Какен, сен жеңеңе жардамдаш, эртең сыйлуу адамдар келет, сенин бүтпөй калган окууңдун кафедра башчысы менен сүйлөштүм, буйруса бир жылдыкты жаздырып анан практикага барып келесиң, андан кийин дипломуңду алып бир ооруканага врач болуп иштей бересиң.

- Байке, эми мен кантип иштемек элем, жөн эле коюңузчу! - Калбүбү чындап жүрөксүдү, - Эми болбойт, картайдым... - Ойлуу отуруп калды.

- Эч нерсе болбойт, окууга карылыктын тиешеси жок, мурунтан өзүм колго алганымда болмок, эми да кеч эмес!

- Ырас эле, туура кылыпсың, алаксып да калат, үйдө отуруп ойлонуп да, зеригип да бүттү, - Кызгалдак коштоп койду.

Калбүбү келгенине бир айдан ашып оңолуп калган, өңүнө кирип жүзүндөгү билинээр-билинбес тырыштары өзүнө жарашып сулуулугу, чырайы чыга түшкөн. Жарашыктуу кийинтип койгондо салабаттуу аял. Ал ойлонуп калды: "Ырас эле, иштесе иштейин, ансыз да азапты көп тарттым, кайрадан окушум керек, китептерди алып келип бир сыйра окусам эле билем, беш жыл бекер окудум беле". Эртеси алардын үйүнө салабаттуу үч адам келди. Калбүбү улам кирип-чыгып жатты. Кызгалдак өзүнчө уялып, аны:

- Сиз тим эле коюңуз, уят ко, тигилер "кызматчыдай жумшайт экен" деп кеп кылбасын, отура бериңиз, - деди эле ал башка бөлмөгө кирип отуруп калды. Коноктор көпкө отурду, Макулбек Калбүбүнүн болгон өмүр жолун, чындыгын айтып келип, анан аны чакырды.

- Ушул карындашым, кокустук болуп окуусун бүтпөй калган, эми ушуга жардам бергиле, иштесе иштей турган кези, - деди тигилерди карай. Ак чачтуу адам аны көз албай карап экзамен алчудай бирдемелерди сурады эле, Калбүбү такалбай жооп берди. Ошондон кийин алар бата кылып кетүүгө камынды. Макулбек аларды узатып коюп кайра кирди:

- Бул агайды мен тааныйт экемин, биз окуп жүргөндө декан болчу, - Калбүбү агасын карай сүйлөдү.

- Ооба, алар сага ыраазы болуп кетти, ушунча жыл болсо да унутпай жүргөнүңө. Эртең базарга бар дагы керектүү китептериңди алып келип окуй башта!

- Макул, - Калбүбү жүрөгү лакылдай, өзүнчө кубанып турду.

Ошол күнү Токтобек менен эжеси Гүлсана келди. Алар Калбүбүнүн биерде экенин Макулбектен угушкан. Калбүбү аларды көрүп ички бөлмөгө кирип кетти. Анын таарынычы, өктөөсү бар экенин билген алар өздөрүн күнөөлүү сезип көпкө унчуга албай отуруп анан Гүлсана анын үстүнө кирди.

- Какен, бизди кечир садага, ансыз да байкем бизди аябай тилдеди, кел эми бир туугандарча кучакташып койолу, көрүшөлү, учурашалы, - деп Гүлсана эки колун сунду эле Калбүбү ары караган бойдон үн катты:

- Силер менен бул дүйнөдө жүз көрүшпөйм! Кыйын күндө мени темселетип талаага таштадыңар, эми кантип жүзүмдү карайсыңар?

- Ошондой болуп кетти, кечир айланайын бир боорум, - Гүлсана ыйлап ийди эле, Калбүбү ордунан тура калып кучактап калды.

- Мен силер үчүн өлгөн элем го, неге мени карап коюуга жарабадыңар, эмнени гана көрбөдү бу курган башым?! Эгер байкем жолукпаса мен ушул кыштан аман чыкмак эмесмин, - Калбүбү эжесин кучактап алып көпкө боздоп ыйлап атты. Бугун чыгара ыйлап анан иниси Токтобек жанында турганын көрүп, - Өлсөм көмөөрүм, ызаат сый кылаар төркүнүм сен элең, кантип мени азапка таштап эл ичинде басып жүрдүң?! Келбей эле койбойт белең, биротоло өлгөнүмдө сөөгүмдү жүктөп барып элден кошумча чогултмаксың! - деп ого бетер ыйлап өксүп жатты.

- Эже кечирип кой, анчалык болоорун билбедим, өзү жашап кетет деп ойлогом да... - Токтобек нымтырай жер карады.

- Кантип, үстүмдө үйрүп салаар кийимим, колумда акчам жок, ушул кезде кантип жашайт деп ойлогон жоксуңбу?!

- Акмак болдум эже, мендей акылсыз иниңди кечирип кой.

- Кечиргенде, кечирбегенде не, ич муздап, көңүл калган, экөөбүз айрыкча чогуу ойноп, чогуу чоңойгонубузду унуттуң, бир катындын көзүн карап уялаш бир бооруңду кор кылдың! - Ыйын токтотуп улутуна отуруп калды.

Макулбек үн дебеди, "бир туугандар өздөрүнчө сүйлөшсүн, табышсын" деп ойлоп атты. Кызгалдак болсо аларды коноктогонго ашканасында. Салима ага жардамдашып жүрөт. Көптө барып үчөө ээрчише Макулбек отурган бөлмөгө киришти. Эч кимиси үн деген жок, ортодо жымжырттык. Гүлсана менен Токтобек Макулбекке ичтеринен ыраазы болуп, уялып да турушту. Макулбек аста гана карындаш-инилеринен жашоолорун сурамжылап, ал-абалын, бала-чакасын сурап отурду.

- Гүлсана, күйөө бала жакшы жүрөбү, деги көп каттабайсыңар, биз бир тууганбыз, эми эң улууңар эле Айсара эжем экөөбүз, же мага же эжеме катышпайт экенсиңер, байкем менен жеңем абдан жакшы адамдар эле, силер мерез болуп калыпсыңар. Сопубек байкем деле карып баратат.

- Каттаганы эле турабыз, колдо жок, балдар чоңоюп, баары өз-өзүнчө кетишти, келин алдык, кыз бердик, каржала түштүк, байке.

- Мейли эми, балдарды үйлөп-жайлап коюпсуңар, жок дебей келип, тургула, керек болсо жардам сурагыла. Эч нерсе аябайм мен силерден.

- Ыраазымын байке, эл катары болуп калганда Мурат байкем дагы кете берди, эжем дагы өтүп кетти, эми ушул үчөөбүз калдык, каттабасак болбойт.

- Ийи баатыр, сенин балдарың чоңойдубу? - Макулбек Токтобекти карай сурады.

- Ооба-ооба, алды онунчуда окуп атат, кичүүбүз окуй элек.

- Жакшы-ы, эми жаман жакшыны түшүнүп эле калыпсың, ошол балдарга жакшылап тарбия бер, колуңдан келсе окут.

- Окутсам деп жүрөм, өзү дагы жакшы окуйт.

- Ошент, балдарды окутуп койсоң өздөрүнө тың болот, мен Калбүбүнүн дипломуна сүйлөшүп койдум, жакында алып берем, өз кесибин кеч болсо да үйрөнүп иштеп калат.

- Соттолгонун билсе иштетпейт го? - Гүлсана агасын таңдана карады.

- Ал илгери болчу. Азыр андай эмес, акчаны ыргытып койсоң баары болот. Карындашымды керилген врач кылып койсом... - Макулбек өзүнчө күлүңдөй Калбүбүнүн карады.

- Арбакты сыйладыңыз байке, биз сизге ыраазыбыз! - Гүлсана чын дилинен ыраазы болуп турду. - Какен өзү деле жакшы окучу эле, буйрук экен да, ушул абалга туш болду...

- Калкалап алаар силер жүзүңөрдү үйрүдүңөр, "соттолгон, кара жолтой" деп эшигиңерди аттатпадыңар, силер жакшы болуп көтөрмөлөп койсоңор ушул күндө калбайт элем... - Калбүбү дагы көз жашын сыдырып алды, - Бир жатындан чыгып, бир ата, бир эненин сүтүн ээмп чоңойдук эле...

- Кой көп кайгыра бербе Какен, баары өттү кетти, эми сен жашоону башынан баштайсың! - Макулбек аны жылмая көңүлүн жубата сүйлөдү.

- Жакшы эле издедик, шаар чоң экен, таппадык... - Токтобек уялгандай эжесинен көзүн ала качып сүйлөдү.

- Мусор төгүлгөн жерден издебейт белең, жайкысын сасыган жытына, кышкысын сөөк какшаткан муздагына карабай нан таап жеп өлбөстүн күнүн көрдүм...

- Кой болду, көп эстей бербе, баары унутулат, ал да болсо жазмыш, эми мындан аркысын кудай оңдосун, - Гүлсана аны карабай айтты, ал: "дагы эмне деп ийет" деп тайсалдап турду. Бирок Калбүбү үн деген жок, ойлуу отуруп калды. Кызгалдак аларды конок бөлмөгө киргизип тамагын алып келди. Уктап жаткан Азизбек ойгонуп калган экен, Алия ойнотуп жаткан. Аларга тамакты ашканага берип Азизбекти Кызгалдак өзү көтөрүп кирди. Гүлсана тура калып баланы ала коюп:

- Ээй садага кетейин, чоңоюп калган тура, - деп чөнтөгүн сыйпалап элүү сомду колуна карматты, - Момпосуй алып берип кой жеңе, көрүндүгүм да аз болуп калды.

- Жөн эле койбойт белең, уулум силерди бир шылдыңдай турган болду, "эжелерим атайы келип көрбөйт" деп таарынып жүргөн, - Макулбек тамашалай карсылдап күлүп калды.

- Буйруса атайын келем байке, күйөө балаң, келиниң болуп чогуу келебиз, - Гүлсана Азизбектин эки ууртунан өбө ордуна отуруп калды.

- Мага берип тамактан алыңыз, - Кызгалдак эки колун суна балага умтулду, - Кел, келе гой Азиз!

- Ала гой, мейли аман болсун, байкемин уулун кудай буйруса келип көрбөсөк болбойт, - деп күлгөн болду Гүлсана, - Карыздарбыз.

- Андай болбойт, чоңое берсин, чоңураак келесиңер, - Макулбек ага карап күлө сүйлөдү, - Картайганда көргөн уулума балким тай жетелеп келээрсиңер, ээ уулум?

- Койсоңчу, тамак ичирбей эле көрүндүк доолайсыңар да, тынчыраак тамактанышсын, алыстан келди, чарчашты го? - Кызгалдак Макулбекти карап тыйган болду.

- Койдум, койдум кожейке, карындаш, инимден доолабаганда кимден доолашат элем?

- Туура-туура, биз уят болдук, - Гүлсана кымырына отуруп калды. Токтобек сүйлөбөдү, тек улам эжесин, агасын карап жылмайып коюп отура берди. Бир топко дейре кобурашып отургандан кийин жатууга камынышты. Калбүбү Гүлсананын жанына жатып алып башынан өткөндөрүн айтып берип таң аткыча укташкан жок, Гүлсана ыйлап басылды. Эки аял, аралары үч төрт жаш, уялаштар, эзелки таарынычтарды көкүрөгүнөн жууп салып эзилише сүйлөшүп жатышты.

- Баса баягы Астрачы, эжем өлгөндөн кийин ээнбаш болуп үйгө турбай калган, анан мектепти бүтпөй эле күйөөгө тийип, күйөөсү ичип алып чыр кыла берсе баса берген, боюнда да бар болчу. Үйдө жүргөндө ага бир классташ кызы келип: "Күйөөң бирөө менен жатып алыптыр, жүрү азыр үстүнөн чыгарам" деп, ээрчитип барса күйөөсү чындап эле өзүнөн улуу аял менен жатыптыр дейт, жини келген Астра үндөбөй сырткы бөлмөсүнөн бычак алып күйөөсүн саймак болгондо берки аялга тийип, ал өлүмдөн калды. Ошентип Астра үч жылга кесилип, баласын түрмөдөн төрөгөн, аны улуу эжеси багып атат.

- Шор пешене болгон тура, байкуш, - Калбүбү кайдыгер гана сүйлөдү, ойлуу...

- Ошону айтсаң, эжем байкуш болсо азыр Астранын азабын тартмак, азыр чыга элек, күйөөсү баласын талашып жатат дейт, бербей атышат.

- Өздөрү билсин.

Калбүбү ушул кез маңдайына туруп алып: "кара жолтой, шор пешене, зек" деп ажылдаган Астранын элесин көз алдына келтирип: "Сен дагы шор пешене болгон турбайсыңбы, ошондо ойлодуң бекен, таежеңдин сай сөөгүн чакканыңа жок дегенде бейчеки сүйлөгөн кесирдүүлүгүңдү эстедиңби?"... деп көпкө унчукпай жатып калды. Таң агарганда көздөрү илинди. Эртеси Гүлсана менен Токтобек кетишти. Калбүбү базарга барып керектүү китептерин алып келди да окуй баштады. Өзү хирургиялык бөлүмүндө болчу. Баш көтөрбөй окуп жатты. Күндөр өтө берди. Калбүбүнүн институтка чакырышты эле, ал жетип барды. Керектүү документтерин топтоп арадан үч ай өткөндө практикант болуп борбордук ооруканага кирип иштей баштады. Көңүлү көтөрүлүп, кечээги өткөн өмүрү өзүнө түш көргөндөй сезиле баштады. Анын эсине уулу менен күйөөсү түшкөндө гана чындыктын чети булайып: "Ырас эле адам ушундай болот экен ээ, эмнени гана көрбөдүм, түшүм эмес баскан жолум" деп ойлоп көз алдына жийиркенерлик мусорду аралаштырган кези келе түшүп жийиркенип алды. Бир жолу ысыкта мусор аралап жүрүп колуна балжыраган нерсе тийип кеткенде колун тартып алса заң колуна жабышып калган экен, акыр-чикирге аарчып анан кайра өз ишине киришкен эле... Ошол күндөрүн эстеп колун карап жийиркенип алды. "Аттиң ай ошол күндү көрдүм ээ?" деп улутунуп жиберди. Туура бир ай практикада жүрүп операцияга да катышты. Акыры дипломун алып ошол эле ооруканага орношуп иштеп калды.

- Иш кандай карындашым? - Макулбек бир күнү жумушунан келгенде сурады.

- Жакшы байке, баары жакшы, мен эми врачмын, мунун баары сиздин эмгегиңиз, - деди жадырай.

- Сен эми жашоону кайра башынан баштадың, ишиңе ийгилик каалайм, жакшылап иште, - деди анан ал.

Жумушунан келгенде да Калбүбү китептерди тынбай окуп тереңирээк билүүгө аракеттене берди. Арыкчырай жүзүнөн нуру төгүлгөн бул аялга жаш врач кыздар, жигиттер таң калып жүрүштү. Үйгө келгенде Кызгалдакка жардам бермек болот, бирок ал ашканага жолотпой сыйлап турат. Азизбек басып калган. Макулбектин эрмеги. Алия да апасына кол кабыш кылып кол арага кадимкидей жарап калган. Кичүү уулу дагы окуп калды. Ошентип очор-бачар үйбүлөдө Калбүбү өзүнөн-өзү кубанычтуу, кээде кыңылдап ырдап коюп ишине баш-оту менен киришти. Ак чач профессор кийинки күндөрү көп келе турган болуп калды. Көрсө ал картайганда аялы кайтыш болуп бойдок экен. Макулбек менен сүйлөшүп Калбүбүгө көз салып жүрүптүр. Кабат үйү бар, балдары өз-өзүнчө үй-жай күтүп кеткен, кичүү уул-келининин колунда турат.

Калбүбү бир күнү оор операцияга катышып чыкты. Чыгаары менен ак чач профессор алдынан тосо куттуктап калды.

- Оо Калбүбү Темирбековна, ишиңиздин ийгиликтүү болушу менен куттуктайм!

- Рахмат, Осмон Каримович! - Калбүбү жылмая жооп берип кабинетке өтүп кеткенде артынан барып:

- Кетсеңиз чогуу кетели, мен сизди жеткирип койоюн.

- Мен оорулуу наркоздон турганча карашым керек, Осмон Каримович, сиз кечикпей бара бериңиз!

- Мен сыртта күтөм, сиз чыкканча, - деп күлүмсүрөп койду да сыртка карай жөнөдү. Калбүбү жылмая оорулуунун бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол күнү Калбүбү улам терезеден карап койот да, өзүнчө жылмайып коюп атты. Оорулууну наркоздон тургандан кийин палатага которуп сестраларга дайындап, анан шашпай халатын чечип кийинди да сыртка чыгып эки жакка көз жибербей түз басып аялдаманы көздөй кадам таштаганда акырын жанына ак машина келип токтоп калды. Ал Осмон Каримович эле.

- Түшүңүз, Калбүбү Темирбековна, - деди башын чыгара жылмайып.

- Рахмат, - Калбүбү жок дей албай ачык эшиктен алдыңкы орунга отуруп алып үндөбөй алдыны карап мелтиреди.

- Иштер кандай? - Осмон түз жолду карап баратып сурады.

- Жакшы-жакшы, Осмон Каримович, - Калбүбү ага жадырай карап жооп берди, - Көнүп баратам, билимим текке кетпептир, иштей албаймбы деп жүрөксүдүм эле, бирок ойдогудай...

- Оо азамат десе, эч нерсе эмес, убагында жакшы окуп жаттап, мээңе куюп алгансың да, дээриңде бар, демек иш жайында дечи?

- Буйруса жакшы, оор операцияга азырынча катышып гана жатам, адам өмүрү кыл учунда эмеспи.

- Эң туура, адам өмүрү оюнчук эмес, азырынча операция жасоого эрте, бирок көп катышып көзүң каныкмайынча такшалганга аракет кыла бер, - Осмон Каримович Калбүбүгө көз кырын сала улам жолдон көз албай, - Эмесе Калбүбү кандай кылалы, бир жерге кирип чайлашалы, чарчадың го, бир аз эрмектешели, - деди.

- Оой Осмон Каримович, жаш болсом бир жөн, байкемдер эмне дейт кечигип барсам? - Күлө багып тайсалдай сүйлөдү Калбүбү.

- Калбүбү, тескерисинче сен эми жаш кыз болсоң уялсаң болмок, азыр эмне баарын өзүң чеччү мезгилиң да, анын үстүнө сени менен бир жакшылап сүйлөшсөм дедим эле, - Осмон Каримович машинаны жол жээгине токтото Калбүбүгө бурулду, - Эгер сен каршы болбосоң, Макулбек менен деле кеңешсем болот...

- Эмнени? - Калбүбү аны таңгала карады.

- Чоочубай эле гой Калбүбү, экөөбүз тең жаш эмеспиз, сен макул болсоң үйлөнүп алсакпы дедим эле...

- Кызы-ык, - Калбүбү жаман абалда калгандай оозуна сөз кирбей үнсүз отуруп калды.

- Эмне болду Калбүбү, сизге мен жакпаймбы? - Осмон Каримович эңкейе отурган жеринен Калбүбү жакка жылды, - Ашыкча сүйлөп койсом кечириңиз, мен эми жаштардай "сүйөм, күйөм" дей албайт экемин, анын үстүнө жаштарга караганда биз бири-бирибизди түшүнөбүз го деп ойлойм.

- Кечириңиз, кеп жаккан-жакпаганда эмес, мен сизден мындайды күтпөгөн элем...

- Дайыма күтпөгөн нерсенин арты жакшы болот, мен сизден азыр эле жооп бере гой дегенден алысмын, ойлон, кабыргаң, жүрөгүң менен кеңеш, мен болсо сизди көргөндө эле чечип койгом, мага татыктуу жар боолоруңузду.

- Кызык, сиз ошентип ойлойсузбу? - Калбүбү Осмон Каримовичке көздөрүн жалжылдата күлө карады, - Балким мени жакшы билбейбиз, жаңылып калбаңыз?

- Мен ишенем, сиз жакшы аялсыз, мүнөзүңүз да жумшак, кичи пейил, сулуусуз дагы, - Осмон Каримович анын көздөрүнө карады, - Карачы, улгайганыңызга карабай көздөрүңүз жүрөктү өрттөп кетип атат.

- Коюңузчу, тамашакөй экенсиз, - Калбүбү караңгы, күңүрт машина ичинде көздөрүн ала качып эки бети албыра түштү.

- Чындап эле, жаш кезде жолукпаганыбызды кара, сөзсүз сүйүп калмакмын! - Калбүбүнүн колдорунан кармай өзүнө жүзүн бурду, - Кана эмесе, бул маселени кийинкиге калтыралы да бир жерге кирип чай ичели, менин да кардым ачты, - Осмон Каримович машинасын айдап жөнөдү, - Тандаңыз айым, кайда баралы?

- Өзүңүз эле билиңиз, менин оюма койсоңуз түз эле үйгө демекмин.

- Баракелде, бая эле ошентпейт белең, - Осмон Каримович зыпылдата айдап "Малика" кафесинин жанына токтотту да өзү түшүп анан Калбүбү отурган эшикти элпек ача коюп, - Жүрүңүз айым, биз келдик, - деди жылмая колун суна.

- Рахмат, - Калбүбү кичипейил гана жылмая ага колун бере кабинадан түштү да Осмон Каримович менен катарлаша басып кафеге кирди. Экөө ээн отургучка отурушту да бири-бирин карап калышты. Ошол кезде официант келип менюну алдыларына койду. Заказ бергенден кийин суусундуктарын тез эле алып келип койду. Экөө үнсүз гана суусундуктан ууртап коюп көпкө сөз уланбай отура беришти. Аңгыча тамак келди. Осмон ошондо гана:

- Келиңиз айым, тамакка карайлы, - деп Калбүбүнү карап тамактарды жылдыра суусундуктан куюп жатып жылмая, - Кел эми Калбүбү, бир аз вино алып койолу, сиздин ишиңиздин ийгилиги үчүн алалы, - деп көтөрүп колундагы вино куюлган рюмканы карап ойлуу сүйлөдү, - Эң башкысы ден соолукта бололу, көп кыжаалат болбо, көп ишиң алдыга жылып каныккан хирург болуп, алтын колдуу ажал арачысы болушуңа тилектешмин!

- Рахмат сизге, айтканыңыз келсин! - Калбүбү да жылмая рюмканы көтөрүп ууртап коюп койду.

- Ушу кантип болсун Калбүбү, кичине алып кой, эч нерсе деле болбойт.

- Мен аччу эмес элем...

- Аздан алып коюп отур, бир азга кобурашалы.

- Көңүлүңүз калбасын, - Калбүбү жарымына чейин алып кайра койду. Андан кийин үнсүз көпкө чейин тамактанып отурушту. Калбүбү улам албайм дегенине болбой Осмон Каримович аздан куюп жатып винону түгөтүштү. Ашыкча сөз болбоду. Алар кафеден чыкканда түнкү саат ондон өтүп калган. Кеч күз болгондуктан сырт чыкыроон болуп калган. Осмон Каримович Калбүбүнү үйүнө жеткирип коюп өзү бурулуп коштошуп үйүнө кайтты. Калбүбү шырп алдырбай эшикти аста ачып кирди да өз бөлмөсүнө өттү. Ал чарчагандай диванга күп эте боюн таштады. Көптөн бери ал жашоосуна кайдыгер болуп калган, кечээги басып өткөн жолу, өткөргөн тири укмуштуу жашоосу эси-көөнүнөн кетпестей болуп көз алдынан чууруп өттү заматта. Ошондо ушул күндү элестетти беле? Кайдан, ошол кышта басса-турса да өлүм элестеп бүткөн боюн ого бетер муздатып жиберчү. Анда азаптуу күндөн арылып ушул күнгө жетем деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Ары оонап, бери оонап көзү илинээр эмес, анан баягы түшүнө кирген ак сакал карыя көз алдына келди: "Ошол түшүм туш келсе Осмон Каримовичтин үйү кандай болду экен" деп түшүндө көргөн үйдү эстеп көзүн жумду: "Ырас айтат, эми экөөбүзгө сүйүүнүн кереги эмне, жөн гана бири-бирибизди жалгызсыратпай толуктап туруш үчүн керекпиз, эрмектешебиз, анан..." Калбүбүнүн бүткөн бою чымырай түштү: "Тобо-оо, мен деле адам экенмин ээ, кандайдыр бир нерсе керек экен, өзүмдү тирүү жан эмес, өлүү жандай сезип баарын унута баштаган элем" деп чабалактап уктай албай жатты. Түнү бою уйкудан калып эртеси эрте туруп эптеп жумушка жөнөмөк болгондо Кызгалдак чыга калып:

- Эчтеме ичпей эле жөнөйсүзбү, иш деп жүрүп ооруп калбаңыз, - деди.

- Кечигип калам го, анан да оорулуу бар эле, эртерээк барып көрбөсөм, кечинде эле наркоздон тургандан кийин баса бердим эле.

- Кудай сактасын, баары даяр, шам-шум этип алыңыз.

- Мейли, ичсе ичип алайын, - Калбүбү ашканага кирип даяр тамактан куюп ичмек болгондо Кызгалдак элпектене өзү куюп берди:

- Бир кайынсиңдим болсо, тамак берип узатып турбасам болбойт го, түндө да келгениңизди билбей калдым, ачка эле жатып калдыңыз окшойт.

- Боло берет жеңе, - деди муңайып Калбүбү, - баягы күндөрүмө караганда... өлбөйм жеңе... - Калбүбү чечилип көргөн азап-тозогун айтпаса да ушинтти азыр, - Ушул мүнөттөрүмө ишене албай түшүм болбосо экен деп келем, - деп ойлуу чыныдагы тамактан ууртап шаша ичкен болду да ордунан турду, - Рахмат жеңе!

- Эчтеке эмес, ишиңе ийгилик каалайм, алгачкы жумушка жөнөгөндө жакшылап жөнөтө албаган катамды эми түшүнүп атам, сиз таарынбайсыз да ээ? - Кызгалдак күлө карады.

- Койсоңчу, мен таарынмак түгүл байкем экөөңө өлгүчө ыраазымын! - Калбүбү кайрыла Кызгалдакты кучактап бетинен өбө чыгып кетти. Сыртка чыкканда бир аз чыйрыга түшкөнү болбосо көңүлү сергий эргип баратты: "Жашоого жаңыдан жаралгандаймын, чын эле мен тирүүмүнбү баса, же өлүп көргөн азап тозогум үчүн бейиште жүрөмбү?" деп ойлонуп баратып аялдамага жеткенин сезбей калды.

Ооруканага жетип кабинетке кирип ак халатын кийди да бир азга кагаздарына үңүлүп ордунан тура кечээги оорулууну көрмөккө изолятор бөлмөгө баш бакты. Ал киргенде алсыз оорулуу көзүн ача врачты үмүттүү көздөрү менен карап калды:

- Кандай абалыңыз жакшыбы? - Калбүбү ага жумшак, жылуу көз караш менен жылмая сурады.

- Жакшы эжеке, дурусмун, оозум эле кургап атат, суу ичсем дегенде эки көзүм төрт, - Оорулуу онтой унчукту.

- Жо-ок болбойт, суу ичкенге болбойт! - Калбүбү бөлмөдөн чыгып кайра сестраны ээрчитип кирди, - Таня, бул жигитке азырынча суюктук берүүгө болбойт, кайнак суу менен гана оозун нымдап тургула, - деди да отура калып операция болгон жерин текшерип көрүп анан тамырын кармады, - Жакшы, бүгүнчө эч нерсе ичүүгө болбойт, эртең бир кашыктан тооктун шорпосун ичиребиз, туугандарың келсе сөзсүз мага кирип жолуксун, - деди да чыгып кетти. Андан кийин башка оорулууларды текшерип жүрүп алты, жети жашар эркек баланын буту сынып түндө келгенин көрдү.

- Историясын берчи, - Ал медсестрага карады, - Толук жаздыңар беле?

- Ооба Калбүбү Темирбековна, түндө алып келишкен, - ал оорулуунун аты жөнү жазылган кагазды бере койду.

- Мм, Тилек уулу Мирзат, токсон бешинчи жыл, июнь... - Калбүбү ойлуу баланы карады, ал уктап жаткан, аңгыча кыңкыстай ойгонуп кетти, сыягы тынчтандыруучу укол тарап, денеси ооруксуна көзүн ача: "Апа, апа суу ичем" деп Калбүбүнү көрө эки жагын элеңдей карап козголо баштаганда, - Тынч жата гой... - дегиче түнү менен уулун карап чыгып эмеле ажатканага чыккан Гуля кирди, аны көргөн Калбүбү не дээрин билбей ордунан тура калды, - Сиздин уулуңузбу? - деп жылмаюуга аракеттене сурап жиберди.

- Ооба эже, кечинде ойноп жатып эле жыгылып бутун сындырып албадыбы, өзү да аябай тентек, - Гуля уулунун жанына жетип тердеп турган баласынын башын сүргү менен аарчый кетти.

- Эч нерсе эмес, бала деген тентек болот да, - Калбүбү ичинен "өх" деп жеңилдеп алды: "тааныган жок, ошонусу жакшы, жакшылыкка жакшылык менен жооп беришим керек, демек Мирзат менин да уулум" деп ойлоно калганда, Гуля:

- Эже, кечинде келдик, кечинде башкы врач экен, уулумду жакшы караса эч нерсемди аябайт элем...

- Гуля, бул сенин эле балаң эмес менин, врачтардын да баласы, ошондуктан сен үйүңө бара бер, жолдошуң барбы? - Калбүбү жылмая мээримдүү караганда Гуля аны таңдана карады да бирок түшүнбөгөндөй ага:

- Кечиресиз, сиз ким деген врачсыз? - деп сурап жиберди.

- Мени Калбүбү Темирбековна десеңиз болот, күндүзү ар дайым мен болом, ал эми түнкүсүн дежурный врачтар болот, - деп ага ажарлуу жылмайганда:

- Мен сизди бир жерден көргөндөй болуп турам, негедир көзүңүз жылуу учурап атат, - Гуля ага түкшүмөлдөй үңүлүп, ойлонгондой жер карап калганда Калбүбү ойлуу: "Мени таанып калбаса экен.. Тааныса эмне экен, кайра жакшы, оор турмуш кимди гана мусаапыр кылбаган" деп өзүнчө тобокел кыла ойлонуп калганда эшиктен уруксаат сурап Тилек кирип келди:

- Саламатсыздарбы, - уулуна карап, - Уулум, кандай акыбал? Оо-ой бу сен апаң экөөбүздү ушундай коркутуп жүрөгүбүздү түшүрдүң го?! - деп Мирзаттын бетинен сүйө чебелектей түштү.

- Ал силердин балаңар болсо... - Калбүбү ойлуу терезени карады да чыгып баратып, - Кабинетке киргилечи! - деп палатадан чыгып кетти. Гуля менен Тилек бири-бирин суроолуу карады да, акырын уулуна түшүндүрө чыгып Калбүбү Темирбековнанын артынан аярлай басышты. Калбүбү кабинетине келип ордуна отурган менен ойлору ордунда болбой чар жайыт суроолорго жооп таба албай кыйналып атты: "ачыгын айтышым керек, менин ким экенимди көрүп алсын" деп бир оюу айтса: "азырынча кереги деле жоктур"; деп ойлонуп жатканда Гуля менен Тилек кабинетке кирип келишти.

- Эже... тойс Калбүбү Темирбековна, биз сиз менен сүйлөшсөк болобу, Мирзат биздин жападан жалгыз балабыз... - Тилек ушинткенде Калбүбү колун өйдө көтөрө аны токтотуп койду:

- Мен жакшы билем, айтпасаңар да түшүнөм... - деп ары караган бойдон көзүнөн жаш куюла үнү каргылданып чыкты, - андан көрө жай алып отургулачы, сүйлөшөлү... - дегенде Тилек менен Гуля отургучка отуруп бири-бирин карап түшүнбөгөндөй ийин куушура тим болушту. Калбүбү бери карап, ордуна келди да: "баары бир эмеспи, чындыктын жүзү ачуу, бирок жашырууга да болбойт" деп ойлоп.

- Силер мындан беш-алты жыл мурун мусаапыр болуп үйүңөрдөн даам сызган бечара аялды унуткан жоксуңарбы? - деди аларды карап.

- Сиз эмнени айтып жатсыз? - Гуля түшүнбөгөндөй аны карап ордунан тура калды.

- Отур, мен жөн гана балаңарды кантип көргөнүңөрдү эстегиле дегеним, менден эмес кудайдан дечи, бирок ошондогу мусаапыр аялды эстейсиңерби - деп бери караганда экөө бири-бирин карап түшүнбөй калгандай суроолуу көз караштарын ага тигилткенде, Калбүбү:

- Ошол аялдын мага окшоштугу барбы же... - дегенде Тилек:

- Сиз ал аялдын кимиси болосуз? - деди аны карай.

- Мен ошол аялдын дал өзүмүн!

- Кантип???

Тилек менен Гуля не дээрин билбей үнсүз отуруп калышты. Калбүбү кагазга бир нерселерди чиймелеп көпкө чейин жазды да чалкалай отуруп көздөрүн жума өзү жалгыз отургандай ойго термелди. Тилек ага карап кичипейилдик менен үн катты:

- Калбүбү Темирбековна, баланын жанына бара берсек болобу?

- Аа-аа, - Калбүбү оюнан адаша аларды телмире карады, - ооба-ооба, барып бириңер калып бир-эки күн карагыла, мен керектүү укол дарыны жазып койдум.

- Кечинде бир уколду жазып берип таап келгиле дегенинен мен алып келдим эле... - Тилек колундагы целлофандагы кутуну столго койду.

- Мм, макул, мындан ары баарын өзүм берем, демек эч нерсеге убара болбогула, - деп ордунан туруп, алар менен кошо кабинеттен чыкты. Мирзат ыйлап жатты, ага ата-энеси чарк көпөлөк айланып үйрүлө калып атышты. Калбүбү анын бутунун чорт сынып кеткен жерин көрүп, башын чайкай сестрага кайрылды, - Операционный бөлмөнү даярдагыла, эптеп таңып коюптур, буту кийин кыйшык болуп калышы мүмкүн, кайрадан гипстеп, жакшылап карайлы.

- Макул, Калбүбү Темирбековна, - деген сестра чыгып кетти.

Бир аздан кийин кайрадан гипстеп, бутун асып коюп тынчтандырып, керектүү укол-дарыларын дайындап:

- Эмесе Тилек, Гуля, буйруса Мирзат бир аз күндө куландан соо колуңарга ойноп барып калат, эч кабатырланбагыла! - деп экөөнө ажарлуу жылмая карады.

- Рахмат сизге, Калбүбү Темирбековна! - Тилек колун бере ыраазылыгын билдирди.

- Ыраазыбыз эже, Мирзат сиздин дагы балаңыз, сизге ылайым кудай ден соолук берсин! - Гуля дагы кубанычын жашыра албай күлүп турду, - сиздин ден соолугуңуз чың болуп колуңуздан эчен-эчен оорулар сакая берсин!

- Рахмат, айтканыңар келсин! - Калбүбү алар менен жакшы тааныштардай кол алышып анан палатадан чыгып кабинетине келип "Өх" деп терең дем алып алды.

Салима менен Марс ЗАГСка барып ажырашууга арыз таштагандан кийин кафелердин биринде отурушту. Алдыларына тамак келгенче үндөбөй отуруп өз ойлору менен алек болуп, анан Марс Салимага карады:

- Салима, ушинтип биздин тагдырыбыз татаалданып, экөөбүз эки суунун эки өйүздө калдык, менин оюма койсо азыр да сенден бөлүнгүм жок, бирок сен өзүң чечип койдуң, айла канча... - Тамак ичкен кашыкты ары-бери айландырып отуруп сүйлөдү.

- Ал үчүн мени кечир Марс, минтпесек болбойт эле, өмүр бою баласыз сени менен жашаганда сенин алдыңда өзүмдү күнөөкөр сезип жүрө бермекмин, оорукчан болот элем, сен да кыйналмаксың, ошонун кереги барбы, айтчы өзүң эле?

- Жок, алтыным, менин карлыгачым, сенин ооруп калышыңды эч качан каалабайм, ар дайым дениң сак, супсулуу, жапжаш бойдон жүрө берчи! - Марс дароо ордунан тура калып винодон эки рюмкага куюп, бирин Салимага берип, бирин өзү алды да, - Сенин ден соолугуң үчүн ичеличи! - деп, туруп турган бойдон рюмканы кагыштырып алып ийди, - Алып кой жаным, сен мен үчүн өзүмдүн гана Салимамсың!

- Рахмат Марс, сыйыңа арзысам эле болду. Сен кечигип калган жоксуңбу, Зайна күтүп калды, ал жаш эмеспи, көңүлүнө жаман алып жүрбөсүн.

- Ал андай эмес, сенден кызганбайт, ага баарын түшүндүргөмүн, андан кам санаба!

- Ошентсе да... - Салима ойлуу рюмканы айландыра карап анан алып ийди, - Сенин уулдуу болушуңду каалайм!

- Ыраазымын жаным, көп эле сарсанаа боло бербе, биз баары бир биригебиз!

- Кайда-ан, биз эчак эле эки башка адамга айланганыбыз жалганбы, бирок жүрөгүмдө сен гана жашайсың, Марс! - Салиманын көздөрүнө жаш тегерене түштү, - Биз мындан ары жолукпоого тийишпиз!

- Кантип, мен сенден кол үзбөйм.

- Жок Марс, өзүңдү да мени да алдай бербе, биздин акыркы жолукканыбыз ушул болсун. Зайнанын жүрөгүн оорутпа, ал сенин бир башыңды эки кылганы турат, аны ая, мени да ая, алтыным!

- Болуптур, өзүң эле билчи, бирок сен мага анда-санда жолугууга уруксат бер, жок дегенде үнүңдү угуп жүзүңдөн аймалап алууга каршы болбо?!

- Ай кызыгың түшкөн тагдыр ай, мен эле сени сагынган жок дейсиңби, Марс, - Салима баятан берки муңайым жүзү албыра күлүп жиберди, - Биз бири-бирибиз үчүн жаралганбыз дечү элек, андай эмес экен, кел эми бата кылып туралы, кеч болуп кетти.

- Шашпачы, дагы бир аз отура туралы, андан көрө айтчы Салима, сен мени дагы деле сүйөсүңбү?

- Сүйгөндө-сүйбөгөндө не Марс, биз ажыраштык, кайчылаш жолдо кыйышалбай турабыз... - улутунуп ийди, - Эми сенин үйбүлөң бар, алар үчүн сен керексиң, анын тагдырына кайдыгер караба!

- Туура айтасың карлыгачым, сен да аман бол, биздин сүйүү эскирбейт, унутулбайт, өмүрүм өткүчө "сен" деп гана жашайм! - Марс терең үшкүрүнүп алды, - Эмесе туралы.

Экөө ордуларынан туруп сыртка чыгышты, Марс адегенде машинанын эшигин ачып Салиманы отургузду да өзү рулга отурду.

- Баса, Кызгалдактын бактысы тоодой экен, машина айдаганды үйрөнүптүр, дагы боюнда бар экен, Азизбек эки жашка чыгайын деп калган тура.

- Оо, алар ушундай бактылуу! Сен сездиңби, менин баамдаганым туура болду?

- Ооба десең, көзү ачыктай эле айтыпсың.

- Алар азыр биздин өкүл атабыз, Зайнаны аябай жакшы көрүшөт, - Марс ойлуу бир азга отурду. Кыйма-чийме зыпылдай өтүп жаткан машиналардын катарында, жолдон көзүн албай баратты, - Салима, Зайнанын апасы мени анча жактыра бербейт, бизди жашаткысы келбейт окшойт, сыягы.

- Эмнеге? - Салима Марсты суроолуу карады.

- Билбейм, Зайна өз теңин таппаптыр анын оюнча.

- Ошонусу жаман экен, акыры көнөт да, кайда бармак эле?

- Зайнанын гана менде көңүлү бар үчүн турат, - Алар Кызгалдактардын үйүнө жетип келишти. Марс Салима менен кошо кирип Макулбек менен учурашты да, кайра тез эле кайтты. Салиманы көргөн Кызгалдак тамашалай күлүп калды:

- Марс экөөң бөлүнө албай жаттыңар окшойт, экөөңө да кыйын болду.

- Курбум, ал эркек да, балалуу болсо анын кубанычы, күлгөнү, анан сүйлөп басканы аны баарын унуттурат. Мага жаман болду десең болот, өткөндү унуталбай, же жаңы жашоону баштай албай азап чегип канчага чыдаар экенмин? - Салима муңая аны караганда каректери мына-мына төгүлүп кетчүдөй жашка толуп чыкканын көрүп Кызгалдак аны кучактап бетинен өөп сооротууга далбастады:

- Койчу эми, өзүңдү карма, баары өтөт кетет, сен дагы бирөөнүн жары болосуң, "көздүү мончок жерде калбайт" дейт эмеспи, өз теңиңди табасың, мынчалык жашык болбой жүрчү!

- Жакшы эле ойлонбоюн десем деле болбой жүрөк зырп этип сайгылашып жатпайбы, - Салима көздөрүн аарчый күлө багып сүйлөдү, - Эми эч качан жолукпашым керек!

- Туура, унутканыңча жолукпай эле кой, мезгилдин өзү дары, убакыт өтсө баары унутулуп сен дагы өзүңчө үй-жай күтөсүң.

- Башка салганын көрөөрмүн, курбум... - Салима ойлуу шуу этип үшкүрүп алды.

- Салима, эгер жалгыз кыйналып атсаң балдардын бирин эрмек кылып алып жүр, балдарымдын бирин берейин.

- Оой алтын курбум ай! - Салима кайрадан жаркылдай күлүп ийди, - Сенин боорукерлигиңе таазим, азыр окуп жатышат да ээ?

- Ооба, Амир быйыл биринчи класска кирди, Алия болсо төртүнчүдө окуп атат.

- Болсун курбум, балдарды бири-биринен бөлбөй эле кой, эгер чындап эле берем десең... - Салима ойлуу курбусун караганда, ал: "берсең биротоло бер дегени турабы, анда болбойт го, кантип?" деген ойго чырмала түштү, - Берем десең ойлонуп көрүп мектепке сүйлөшүп анан келип алып кетем, бир аз болсо да эрмек, караан эмеспи, - деди Салима. Ошондо гана Кызгалдак күдүк ой ойлоп жибергенин курбусу билип койгондой уурусу кармалгандай уяла:

- Мейли, аз да болсо сенин санааңды кубалап алаксытаар деп атам, сенден эч нерсемди аябайм досум, өзү бейбаш эмес, жаныңа эрмек кылып алып жүрө бер, анан сен дагы көөнүң тынып көңүлүң жай болгондо алып келээрсиң.

- Ошентейин, бир-эки жыл мага Амир эрмек болсун, садага! - Эки курбу бир топко чейин сүйлөшүп отуруп анан жатышты.

Калбүбү өзү менен өзү жумуштан келсе да кагаз жазып, китеп окуп отура берет. Ал өзүнчө эле дүйнө, эч ким менен иши да жок. Ага Осмон Каримович сөз айтканын койбой күндө жумушуна барып алып кетет, кайра жеткирет. Калбүбү да көңүлдөнүп калды. Осмон Каримович түз эле Макулбекке келди да оюн ачык айтып түшүндүргөндө, ал:

- Оске, теңтуш элек, сенден эч нерсе аябайм. Калбүбү макул десе менде эмне сөз? Өзүңөр чечкиле, экөөң тең жаш эмессиңер, - деди.

- Калбүбү азырынча бар же жок деп айтпады, өзүң дагы түшүндүр Маке, өзүң билесиң, балдар үй-жай күтүп кеткен, жаш өткөндө чайды жалгыз отуруп ичкениң тозоктун эле тозогу экен, - Осмон Каримович чечилип сүйлөп атты.

Бул кезде Кызгалдактын ичи билинип Азизбеги там-туң басып калган. Аны аяп Калбүбү тамак жасап, конок келсе да жардамдашып турчу болгон. Салима ошонун эртеси эле кеткен. Ал кетип жатып кабарлашып турууну кайра-кайра айтып анан кетти. Аңгыча убакыт өтүп Кызгалдак дагы уул төрөдү. Анын бактысында чек жок эле, ал төрөп төрөтканада жатканда Алияны ээрчитип алып Макулбек жүз бир тал роза гүлүн барпырата көтөрүп жетип барды. Кубанычы койнуна сыйбай уулун терезеден көрүп көзүнө да жаш алды: "Ээ жараткан, толгон аягымды бөксөртпө, тоо кыркасынан күн кылайып кечки нурларын чачыраткандай аз өмүрүм калганда бактынын кучагына бөлөгөнүңө ыраазымын!" деп жаратканга чексиз ыраазы. Азизбектин инисинин атын Алимбек коюп үйгө чыгарып келип бапыраңдап калды.

Калбүбү да алардын кубанычын тең бөлүшүп жүгүрүп жүрдү. Ал ушул жума Осмон Каримовичке турмушка чыгат. Адам деген кечээги көргөн азап-тозогун заматта унутуп, кашкөйлөнө калат эмеспи. Калбүбү андай эмес, мүнөт сайын өткөн күндөрү көз алдына тартыла калып улутунуп алат. Тилек менен Гуля Мирзат айыгып чыккандан кийин Калбүбүнү үйүнө конокко чакырып абдан сыйлады. Ошондо да Калбүбү чечилип өзү жөнүндө сыр айтпады. Алар конок камын көрүп жатканда ал терезеге келип баягы тааныш мусор яшиктерди карап үнсүз термелип турду, көзүнө келе калган чолок жашты байкатпай жүзаарчы менен сүртүп кайра диванга отура кетти. Гуля менен Тилек уулунун маңдайында ойноп отурганына ыраазы, ушул аялды алар кудайындай эле көрүп калышкан. Балалуу болбой жүрүп ошонун батасы тийиппи же кудайдын белегиби, ушул бала төрөлгөн. Эми кудайдын амири менен кокустап ооруканага түшкөндө кайып каскагынан дал ушул аял пайда болуп көзүнүн карегиндей карабадыбы. Чынында алар бул табышмактуу аялды жөн эле кыдыр жылоологон адам катары ойлоп: "Ошондо жөн эле кудайым бизге жеткирген тура, көрсө врач аял көзүбүзгө периште болуп көрүнгөн экен" деп ойлоп колдорунан келишинче сыйлап жатты. Калбүбү тирүүсүндө өзүнө шарт койгон жүрөкзаадасынын бири - баягы Батийна көзү ачыкка бир барып келүүнү ойлоп жатты. Сейнегүл менен Дарманды да көп ойлонот, бирок алардын кайсы айылдык экенин сурап койбогонуна өкүндү ичинен: "Менин замандаштарым" деп койду өзүнчө.

Кеч күз, ала желек болуп кар түшүп күндүн нурунан кайра эрип, кечкисин тоңголок болуп калат. Ошол кеч күздө Калбүбү Осмон Каримович менен кол кармашып, Макулбек, Кызгалдак, өзүнүн эки үч теңтушу болуп мечитке барып нике кыйдырышты. Андан кийин белгилүү чоң ресторанда отурушту. Макулбек Калбүбүнүн чекесинен сүйө:

- Ылайым бактылуу бол, карындашым, - деди кубанганын жашыра албай. Анткени анын көз алдына ушул саам Калбүбүнүн: "Мендей мусаапырга жардам берип койгула" деп колун сунуп турган кезин көз алдына келтирип алды. Бул күнү Сопубек аялы Шайым, Гүлсана күйөөсү менен, Токтобек да бар болчу. Алар дагы экөөнө жакшы сөздөрдү айтып бакыт каалашты. Калбүбүнүн күйөөгө чыгаарын уккан келини Токтобек менен келбей койгон: "Эжең канча жолу күйөөгө чыкса, ошончо ирээт силер бара бергиле, ал уялбаса мен уялып атам" деп ажылдап кала берген. Анын келбегенин көргөн Калбүбү дароо эле сезди. Ажылдаган неме ансыз да Токтобекти сүйлөтө койчу эмес, кетирип ийели деп Гүлсана эчен ирээт аракет кылган менен үч-төрт баланы тууп койду, анан мен жеңдим дегендей Токтобекти өзү башкарып алган. Тойго келгендер эртеси Макулбектин үйүндө конок болушту. Шайым ооруп калып Кызгалдак келгенде келбей калган, ал абысынынын көрүндүгүнө, эки баланын сүйүнчүсүнө бир жылкы айтып, көйнөк-жоолугун белендей келген. Макулбектин бактылуу болгонун көрүп анын жүрөгү "зырп" этип алды: "Кантсе да беш көкүл кезимде биринчи жолу бетимден өпкөн жигит ушул эле, үйлөнбөй жүргөнүн көрүп жүрөк оорулуу болдум, эми кудай бакты берген экен" деп тымызын ойлоп отурду. Бир туугандар чечилишип сүйлөшүп отурганда Шамбет аялы, апасы Айсара болуп келип калышты. Бир туугандардын эң улуусу Сопубек жетимишке чыгаарына аз калган. Айсара алтымыш беште, Макулбек болсо алтымыш үчкө чыгып, ушул бүгүн бир чогуу отургандарына кубанып отурушту. Ким билет, мындан ары ушинтип чогуу болушабы же… Сопубек ичкилик ичкенди токтотуп койгон. Шайым анда-мында ичип койот. Ортолорунда казы, карта, чучук менен койкойгон аттуу-баштуу ичимдиктер да бар. Адегенде Макулбектин эки уулунун урматына жакшы сөздөр айтылып бөксөсү толуп, көңүлү тынып бактыга карк болуп турган иниси менен келинине да каалоолор айтылып тост көтөрүлдү. Макулбек андан соң сыртка чыгып Кызгалдак менен кеңешип ушул чогулган эже-агаларына өкүл кызын чакырып тааныштырмак болду. Анан телефондон аларды чакырып коймокко өзү чалды:

- Ало, ало-о, Марс барбы?

- Угуп атам, сиз… а-аа тааныдым, кандай жатасыздар? - Марс бакылдай ал-жай сурады.

- Баары жакшы, Зайна кызым кандай жүрөт, тынч элеби?

- Жакшы, телефонду берейинби кызыңызга? - Марс күлүп калды.

- Жо-ок, менин чалганым бул, экөөң бат келип калгыла! - деди Макулбек.

- Тынччылыкпы?

- Эң сонун, кызымды алып кел деп атам! - Макулбек өктөм сүйлөгөндө Марс каткыра анын тамашасын түшүнө калды:

- Ляппай, атасы!

- Анда тез келгиле! - Макулбек телефонду коюп койду да базардан кой алып келмекке чыгып кетти. Бир сааттай убакыт өтүп Макулбек куйруктуу кой алып жетип келди. Аңгыча Марстар келип калды. Аны көргөн Макулбек бакылдай тосуп алып:

- Кызымды тез алып кел десе сөздү узартпай жүргүн да, - деп тамашалай күлүп Зайнанын чекесинен өөп, үйгө киргизди, - Оо туугандар, мен силерге дагы бир кубанычымды айтканы турам, мынабу кыз менин өкүл кызым, бул болсо жолдошу, эми менин эки кызым бар, Алиянын эжеси Зайна! - деди Марс менен Зайнанын ортосунда туруп аларды колтуктай.

- Айланайындар, сенин кызың болсо биздин сиңдибиз болот экен, келе гой! - деп Айсара ордунан туруп келип Зайна менен Марстын бетинен өөп, - Өйдө өткүлө балдарым, кыз төркүнүнө келгенде сый көрүп кеткени жакшы. Макем жетине албай атайы чогуу отурганда тааныштырайын деген тура, - деп сүймөнчүк менен карап төрдөн орун көрсөттү. Алар улуулардан өтпөй ылдый отуруп калды. Бир аздан кийин Макулбек кирип Марс менен Токтобекти, Шамбетти сыртка алып чыкты:

- Силер турганда, мен эми эс алууга чыгайын, үчөөң мынабу союлган койдун этин казанга салып бышыргыла! - деди эле:

- Бая эле айтпайт белеңиз, мен эле союп коймок экемин, - Марс чын пейилинен элпек сүйлөдү.

- Азаматтар десе, кана болгула, тезирээк кыймылдагыла! - деп коюп үйгө кирди. Бир чыны чай ичкенден кийин Зайна Кызгалдактын баласын көтөрүп сырткы бөлмөгө чыгып кетти. Өзү да бүгүн-эртең төрөгөнү калган. Кызгалдак колу бошобой баласын караганга жетише албай Айсара алып отурган. Алия болсо апасынын жанында кол кабыш кылып жүргөн. Замир Азизбекти ойнотуп Амир экөө өз бөлмөсүндө. Бактылуу үйбүлө. Бул үйдө бала-бакыранын бар жогу деле билинбейт, байкаган кишиге, бөжөйүп үндөрү чыкпай өздөрүнчө ойной берет, бир гана кичинекей Алимбектин ыйлаган үнү. Ал дагы Зайна көтөргөндөн кийин сооронуп калган. Антип-минткиче койдун эти бышып Шамбет колго суу куйду. Макулбек өзү жиликтерди ирети менен коюп:

- Кана эмесе бир туугандар, чейрек кылымдан бери жолугушканыбыз эле ушул, астыбыз агала чач, артыбыз көгала сакал болгондо минтип Калбүбүнүн шарапаты менен жолугуп отурабыз, эмесе ошол Калбүбүгө бакыт-таалай каалап тамактын астынан бир жакшы тост көтөрүп койолу, эмесе байке сиз төгүлүп чачылып коюңуз! - деп Сопубекке карады.

- Ээ мейли эмесе айланайындар, ушул Калбүбүм барган жеринен бак айтып ылайым ырыс-кешиктүү болсун! - деп чыныны кармап сүйлөдү Сопубек.

- Туура, бактылуу болсун, айдын он беши жарык, он беши караңгы деген, мындан ары жамандык көрбөсүн! - Айсара сөзгө кошулуп койду. Анан кыргыздын салтына ылайык Зайнага устукандарын берип аларды сыйлап жатты. Ошол түнү бир чечилип чер жазышты бир туугандар. Марс менен Зайна кетмек болгондо Макулбек:

- Мен кызыма деп атайын карчыга менен төштү алып койгом. Кызгалдак, ошону салып бер! - деди барпалаңдай. Анын пейилине ыраазы болгон Марс менен Зайна баары менен жылуу коштошуп үйлөрүнө кайтты. Шайым бир аз ичкилик ичип койгонго жүрөгү кармап дары ичип сыртка салкынга басып эс алды. Ошентип жыргалы да, кууралы да бирдей, адам баласына тең орток боло үзөңгүлөш жүргөн жалган жашоодо, аз болсо да баарын унута, эки бир туугандын балдары бир дасторкондо бакылдашып отурушту. Калбүбү жөнүндө сөз болсо эле Гүлсана менен Токтобек баштарын жерге сала өз күнөөлөрүн сезип мостое калып отурду. Ооба, эгерде Калбүбүгө мындан он жыл мурун эле дал ушундай көтөрмөлөө болгондо ким билет - жашоого, туугандарына өктөөсү жок өз жашоосун жолго коюп кетмек, жок дегенде жакшы сөз айтып, коюнун кенен ачкан бирөө чыкпады го, чиркин! Эгерде Макулбек көрүп калбаганда анын тагдыры кейиштүү аяктамак…

***

Салима Марска жолугуп арызын таштап келгенден кийин бир топ жеңилдеп да, орду толгус арманга жан дүйнөсү жанчылып да, эч ким менен сүйлөшпөй, жумушуна барбай бөлмөдө бир жумадай жатты: "Баары бүттү, - деди ал оюнда, - эми мен Марска эч качан жолукпашым керек, үй бузар атка конбоюн, балалуу болсо, дагы бактылуу болуп, мага окшогон бир аялды бактылуу кылып жашай берсин" деген чечимге келип өзүн-өзү сооротуп, эртеси жумушка чыкмак болду.

Газым Зафарович бул райондун жетекчилигинде иштегенине көп деле боло элек. Ал бул орунга келгени катчы кыздар токтой элек. Негедир бир жумадан кийин эле кайра жаңысы келип улам алмашып отуруп Салиманын келгенине бир айдан ашты. Узун бойлуу, келбети келишкен, мүчө бою кийген кийимине куп жарашкан бул келинди Газым Зафарович купуя жактырып калган. Ошон үчүн көп иштерди ага дайындап коюп жумуштан кеч калтырат, же өзү шашылыш өкмөт иши боюнча чакыруу менен кетип калат, же Салима ага мүмкүнчүлүк бербей, убакыт өтө берди. Бир жумага суранып кеткен Салима кечиккенинен ал тынчы кетип жаткан. Бүгүн да сырттан кирип келип эле ордуна койкоюп отурган келинди көрүп жоготкон буюму табылгандай кубанып кетти:

- Келдиңизби, жумуш чачтан көп, бүгүн экөөбүз саат онго чейин иштейбиз, бир аздан кийин кирип чыкчы, - деп кабинетине өттү.

- Жарайт, Газым Зафарович, - Салима тура калып кайра отурду. Ошол күнү Газым Зафарович бир дептерди шылтоолоп түнкү онго чейин кагаздарды текшерип Салиманы да кетирбей улам: "муну жаза кал" деп отура берди. Саат ондон өткөндө:

- Эми эс алалы, ээ? - деп күлө карады Газым Зафарович.

- Сиз уруксаат берсеңиз мен кете берейин? - Салима аны карап жооп күтүп калганда ал:

- Сени, өзүм жеткирип койом, шашпай тура тур! - деди ал костюмун кийип жатып.

- Мен өзүм эле… - дегенде:

- Кантип, каттамдар токтоп калды, такси жалдашың керек болуп калат, - деди ал жылмая.

- Мен жөө эле кетип калам, бул эле жерде…

- Ошо кантип болсун, - Шаша кабинеттин ачкычын ала экөө ээрчишип чыкты да кабинетин кулпулай сыртка чыгышты. Салиманы ой-боюна койбой жанына салып алып үн-сөзсүз, эч нерсеге карабай машинасын зыпылдата айдап шаар четиндеги бир кооз жасалгалуу Пикникке барып токтошту. Салима эч нерсе дебеди: "Мейли, эмне болсо да көрөөрмүн, далай менден жаш кыздарды жактырбай алмаштырып жүрүп мени өзү жумушка алып маянамды жакшы төлөп жатат, аянгыдай жаш кыз эмесмин да" деп ойлонуп калганда ал машинадан түшүп калды. Салима да түшүп аргасыз аны менен кошо басты. Аларды күтүп жаткандай Пикниктин ээси утурлай басты. Суук болгон менен аларды бир бөлмөгө киргизди, атайын дайындаган түрү бар, баарын сезип турду Салима. Стол үстүндө мөмө-жемиштер толуп абдан жасалыптыр, көпкө күттүрбөй эле даяр оокаттарын да алып келе калышты, элик сындуу сулуу кыздар биринин артынан бири.

- Сиз мени бул жерге эмне максат менен алып келдиңиз, мен түшүнбөй турам, сиз жетекчи, мен сиздин кол алдыңызда иштеген жумушчумун? - Салима жетекчисине карап суроо берди.

- Бүгүн экөөбүз жакшылап сүйлөшөбүз, адегенде, Салима айым, тамактаналы, кана тамакка караңыз, - Газым Зафарович Салиманы күлмүңдөй карап өтүндү.

- Рахмат! - Салима оңтойсуздана кашыкты ала эңкейип тамактан алып аста жей баштады. Аңгыча тарелкага эки рюмка менен импорт арак алынып келинди. Аны Газым Зафарович алды да ачып эки рюмкага куюп:

- Эмесе Салима, ишибиздин ийгиликтүү болушу үчүн алып койолу, айып этпесең, - деп сурангандай карады.

- Мен иччү эмес элем…

- Мындайда ичип койгон жакшы, бул жерде экөөбүзгө тоскоол болчу эч ким жок, - деди.

- Мен ооз тийип эле койоюн, иче албайм! - Салима көшөрүп туруп алганда Газым Зафарович ордунан туруп келип өз колу менен рюмканы ага карматып:

- Сиз үчүн бүгүнкү күнү ушул аракты заказ менен алдырдым эле, ушуну алып кой! - деп жанына туруп алды.

- Сиз мени кыйнап жатасыз, буйругуңузбу же сыйыңызбы?

- Ой жо-ок, буйрук деген кызмат ордубузда гана болот, биерде биз жөн гана... адам катары өтүнөм! - деп жылмайганда Салима: "Эмне болсо да ичейин, мас болуп калбасам экен, ичип да көрбөптүрмүн" деп ойлоп көзүн жумуп туруп алып жиберди. Газым Зафарович тооктун этинен жасалган шишкебектен закуска даярдап турган экен, бере койду, - Рахмат Салима айым, мени сыйлаганыңызга, - Ал кайра ордуна отуруп кайрадан тамакка карашты. Булардын үстүнө бир адам кирбеди, экөө көпкө отуруп арактан дагы куюмдан Салимага кыстап ичирип койду. Коюу түн, ээн бөлмө, эки адамдын шыбыры.

- Салима, мен сени көрүп эле жакшы көрүп калдым, ошондон бери колума тийбей саргартып жибердиң го?

- Кол алдыңызда иштесем, анан сизге кантип каш какмак элем, анын үстүнө мындай болоору оюма да келген эмес.

- Алтыным, жаным, кыздарга караганда таттуу экенсиң, эгер макул болсоң аялдыкка алмакмын, карачы денеңдин сулуулугун! - Өбүшүп жатканы даана угулуп жатты.

- Аялыңыз угуп калса эмне деп жооп бересиз? - Салима кыткылыктай сурап койду.

- Бизде аялдар күйөөсүнө каршылык кылбайт, кыскасы карап баксаң болду, анан сен дагы төрөп берсең баары жайында болот.

- Кечиресиз Газым Зафарович, мен төрөп бере албайм, сизди калп айтып алдай да албайм.

- Эмнеге?

- Ошондой, күйөөм менен төрөбөстүгүм үчүн ажырашканмын.

- Ошонуң жаман экен, мейли анда, мен сага сөзсүз үйлөнөм, өзүңчө үй-жайың болот, иштебейсиң.

- Кантип?! - Салима ордунан тура калды, - Сиз мени үй түрмөгө камаганы турасызбы? - Ал күлүп калды.

- Андай эмес, сенде баары болот, мен баарын ойлонуп чечип койгомун.

- Ошондой деңиз, а макул болбосомчу?

- Макул болот деген ишенимим күчтүү!

- Ой тобо-оо, - Салима ойлуу жатып калды. Кумарлуу өбүшүү, кайрадан бири-бирин ырахатка бөлөп көпкө убараланып жатышты. Бирок Салима төшөктө Марска караганда Газымдын өтө кыйын экенин сезди. Таң атканча укташкан жок, улам кайра чылпылдап тердегенче кумарга батып жатып анан экөө сулк жатып калышты. Таң агара электе турушту да машина менен Салиманы үйүнө жеткирип:

- Сен бүгүн эс ал, эртең жумуштан кечикпе, сени көрбөй жинди болуп кетип жүрбөйүн, - деп машинадан түшүрбөй өөп алды да, - Бар эми, - деп ал түшөөрү менен машинасын айдап жөнөп кетти. Салима тез-тез басып үйгө кирди да жуунчу бөлмөгө кирип сууну агызды. Көпкө жуунду, ырахаттана жуунуп болуп сүлгүнү оронуп келип күзгү алдына келди: "Марс неге мени ушундай ырахатка батыра албады, ал көп аял менен болбогондуку го… Газым Зафарович далай менен болгондур…" деп өзүнүн тулку-боюн күзгүдөн карап көпкө турду: "Чындап эле өз сулуулугумду өзүм баалабайт турбаймынбы, а менин сулуулугум, өңү-түсүм төрөп эне боло албагандан кийин кимге керек" деп кайрадан көңүлү кирдей түштү. Сергип алгандан кийин төшөк салып жата кетти. Бул бөлмө беш кабат үйдүн үчүнчү кабатындагы Сонундардын үйү эле. "Убактылуу жашай бер" деп ал өзү киргизип кеткен. Жалгыз өзү эки айдан бери ушунда турат. Көпкө уйкусу келбей ойлонуп жатып анан уктап кетти. Көзүн ачканда күн уясына кирейин деп калган экен. Туруп жуунуп алып чай коюп ичти, кайрадан Газымды ойлоду, үйдө телевизор же радиосу жок эрикти, салынуу төшөккө жатып алып түбү жок санаанын көлүнө чөгүп: "Марс эмне кылып жатты экен, аялы төрөйүн деп калыптыр эле, төрөдүбү, кызбы же эркек төрөдүбү, Марс балалуу болсо мени унутаар" деп жата берди. Аңгыча айланага караңгы кирип үйдүн ичи күңүрт болуп сырттагы жаркыраган светтердин шоокуму үйгө баш багып калганда өйдө туруп лампочканы жандырды. Кечке уктаганга уйкусу келээр эмес. Анан сыртка чыгып бир аз сейилдеп келүүнү ойлоду да үйүн сыртынан бекитип жерге түштү. Бул убакта суук түшүп кадимкидей адамды үшүтө баштаган. Чыйрыгып кетти, кайра кирди: "Жалгыздык жаман тура" деп мелтирей отуруп калганда эшиктин коңгуроосу чырылдап калды: "Ким болуп кетти, беймаал эч ким келчү эмес эле" деген ойдо каалгага жетип:

- Ким? - деди.

- Мен, Салима, ач! - Газым Зафаровичтин үнүн тааный кубанып кетти.

- Сиз… Кайдан? - деп элейе туруп калган Салиманы кирип келип эле кучактап өпкүлөп кирди ал:

- Мен сени сагынып кеттим!

- Кызык, коңшулар көрсө эмне дешет?

- Көрсө көрсүн, - деп бутун чечип ичке кирген Газым үй ичин тегерете карап туруп, - зеригип жатканың көрүнүп турат, - деп күлүп койду.

- Кантип билдиңиз? - Салима дагы сырдуу жылмайып ага эркелей сурады.

- Сразу билдим. Көрчү, бул үйдүн төрт дубалынан башка эч нерсе болбосо анан зериктиң да, чынбы?

- Туура таптыңыз, - Салима жупуну турганына уялгандай газга чай коюуга ашкана бөлмөгө чыкты, - Бул үй курбумдуку, мурда батирге беришчү экен, анан мага бошотуп берип "жашай бер" дешкен.

- Жакшы курбуң бар экен.

- Айтпаңыз, курбу досторум баары жакшы.

- Келчи эми бир жакшылап өбүшүп койолу, - деген Газым кулачын жайды, - Ишенсең чыдай албадым, бүгүн үйгө барайын дегем, - деди Салиманы кучактап тикесинен турган жерден өпкүлөй, - Эртең өзүңө энчилеп үй алып берем, ал экөөбүз үчүн сөзсүз ыңгайлуу болот, ээн-эркин жолугушуп турабыз.

- Көргөн, уккандар эмне дейт, жумушта кантип жүрөм ушактарга чыдап?

- Керек болсо иштебе, баарын даярдап берем, ата-энеңе түшүндүр, мен сени таштабайм!

- Катчыны жаңы аласызбы?

- Кыздар көп, дагы бирөө келет да, эмкиси ишине так болсо болду, мен сени тандап алдым, - деп Газым Салиманы так көтөрө салынуу төшөктүн үстүнө алып барып аймалай кетти, - Азыр шоферум келет, аны тамак ашка жөнөткөм.

- Тим эл койбойт белеңиз, - Салима чындап уялды, "бир башыма эмне" деп, үйгө тамак-аш көп алып келчү эмес, көбүнчө ашканалардан тоюп келип, кээде чай гана ичип жатып алчу. Эшик тыкылдаганынан караса шоферу эки чоң пакетти толтуруп босогодо туруптур. Ал ичкери киргизди да Газымды карай:

- Мен кете берсем болобу? - деди.

- Жок, бир сааттан кийин кел! - деди ал.

- Жарайт! - деп чыгып кетти, жетекчисине "чарчадым, эс алуум керек" деп айтуудан айбыга: "Энеңди, качан болсо жалаптарына тамак ташытып жүрөт" деп өзүнчө сөгүнүп алды. Салима койдун жарым эти менен толгон тамак-ашты көрүп:

- Бекер кыласыз, муздаткыч жок сактоого болбойт да, мынчалык эмнеге көп алдырдыңыз? - деди.

- Муздаткычты эртең алып келебиз айым, сиз үчүн дүйнөнү түгөл кыдырып, "тап" дегениңизди таптырамын, эч кам санаба, кел андан көрө жаталычы?! - деп төшөккө тартты. Салима ушул саамда жетекчисинин эркинде болуудан башка аргасы жок экенин билди, моюн толгоп баш тартса жумушунан да ыргып, өзү ушундай мезгилде талаада калаарын сезип ою менен болуп берди.

Көпкө чейин черин жаза кумар ышкысын баскандан кийин:

- Алтыным, кыздардан кем эмес экенсиң, - деп, анан ордунан тура ваннага кирип кетти.

Салима эттен куурдак жасап чай кайнатты. Ваннадан чыгып экөө дасторконго отуруп муздак пиво менен куурдак жеп отурушту. Көптөн кийин коштошуп чыгып кетти.

Ал кеткенден кийин да көпкө ойлонду Салима: "бактымбы же шорумбу, мындай адам келин мен эмес, кыздарга табылбай атат. Айтканына көнүп берсем, менде баары болот, колдон келсе кармап калайын" деген ойдо болду. Анан өзү да ваннага кирип жуунду. Көп өтпөй чарчагандай уйкуга алдырды. Ошол күнү ал укмуштуудай түш көрдү. Түшүндө Марс аны көздөй жүгүрүп келатат, колунда бала, улам колун булгап баланы ага көрсөтө жүгүрөт, Салима ага болбой качып кете берди, бир кезде Марс алдынан чыгып: "Салима, ушул баланы багып алчы, энеси кетип калды, өз убалы өзүнө" деп эле кара терге түшүп сүйлөп атыптыр, чоочуп ойгонду: "бул эмнеси, Марс мени көп ойлонуп жатса керек" деп ойлонуп жатып кайра көзү илинип кетти. Эртеси эрте туруп жумушуна барса Газым Зафарович алда качан келип кабинетинде экен. Аны чакырып калды.

- Сен кете бер, үйгө жүк алып барышат. Бүгүндөн баштап сен бошсуң, андан көрө өзүңө ылайыктап жакшы үй изде, кааласаң жер үй, кааласаң кабат үйдөн карап көр, - деди.

- Макул, - деген Салима башка сөз айта албай чыгып баратты, бирдеме десе коңшу кабинеттегилер же дагы бирөөлөр угуп койо тургансып үн дебестен чыгып кетти: "Эмне деген жүк барат, муздаткыч алып барат окшойт" деп ылдамдай басып үйүнө жетти. Келип эми эшигин ачканда артынан бакылдашып муздаткыч көтөрүп үч-төрт киши келип калды. Эшикти ачып аларга орун көрсөткөндөн кийин кетип, калышты. Салима дале бир ойго токтой албай дел болуп атты: "Мен эмне болуп турам, ушинтип тагдырым чечилдиби?" деп турган жеринде көпкө турду. Анан муздаткычты ачып кагаздарын алып токко сайды эле күр-р эте иштеп кетти. Ойдон алаксыгысы келип этти салып, муздаткычты ырымдады: "Майлуу сүттүү болсун, ылайым ичи бошобой толуп турсун" деп кайра жаап эми төргө өтүп жаткысы келип баратканда эшик такылдап калды, ача койсо жанагы кишилер килейген телевизор көтөрүп киришти, анын артынан германдык диван-креслону бышылдай көтөрүп киришти. Салима үн дебей ордун көрсөтүп орду-ордуна койдурду. Алар чыгып кетээри менен: "Өх" деп алды: "Мен баш-отум менен байландым окшойт, мейли бактыман көрөөрмүн" деп шалак деп эмеле келген жумшак креслого отура кетти. Көпкө отурду да, өйдө туруп телевизорду кутудан чыгарып столго коюп аны сайды. Бир кезде уйкудан жаңы ойгонгондой телефондун кулагын бурады:

- Ало, - деди арытан аялдын үнү.

- Ало, Кызгалдак кандайсың, балдар чоңоюп жатышабы, кичинекейиң торолуп калдыбы?

- Аа-а Салима, сенсиңби, кандай өзүң? Балдар кудайга шүгүр чоңоюп атышат, өзүңдүн ден соолугуң жакшыбы?

- Жакшы, баары ойдогудай, чалың демдүү жүрөбү?

- Абдан сонун, Салима Марс балалуу болгон, биз барып көрүп келдик, атын Марстын атасы "уулум сагынганда балалуу болду, атын Сагын койолу" деп, Сагын койду.

- Болсун, өздөрү жакшы жүрүшөбү?

- Жакшы эле, Зайна бир аз кыйналып төрөгөн, апасы азыр үйүндө тун небересин карашып жатат, Марстын көңүлү чөгүңкү, билбейм эмне болгонун, өзү айтпайт, биз сураган жокпуз.

- Ийи, Кызгалдак, мен жалгыз үйдөмүн, зеригип силердин акыбалыңарды билип койоюн деп чалгам.

- Ошентсең, таптакыр кабарыңды билгизбей жоголуп кетпей, - Кызгалдак күлүп калды.

- Ии ошондой да курбум, жакында өзүнчө үй алсам сени чакырам.

- Ырас болот эле, мен да сергип айылчылап келейин.

- Сөзсүз чакырам, мейли анда, балдарды мен үчүн өөп кой, жакшы тургула!

- Өзүң дагы жакшы жүр, ма-акул көрүшкөнчө!

- Давай, - Салима трубканы коюп кайра телевизорду карады. Сериал болуп аткан экен, алаксый карап отуруп калды. Дал эле өзүнүн тагдырына окшогон кино экен, көңүлү ирээнжий башка жагына которду. Анан кардынын ачканын туюп, тамак жасоого киришти. Ошол тушта дагы эшик чыр-р этти: "Дагы кимиси болуп кетти, бүгүн деги эс алдыра койбойт го?" деп ача салса босогодо баягы кишилер килемдерди көтөрүп келишиптир, беш метрлик төрт килем, бельгиялык палас, дорожкаларды киргизишти. Андан бетер дел болуп калды: "Мага мындан башка эмне керек, бекерчиликтен эле тажабасам" деп дагы ойлонду. Бириси Салиманын оюн буза:

- Буларды тагып даярдап берелиби? - деди аны карап жооп күтө.

- Маакул, - башка сүйлөгүсү келбеди. Чоң килемдердин кооздугунан көңүлү көтөрүлө түштү. Ар бирин өзү көрсөткөн тушка салыштырып көпкө чейин көңүлү көтөрүлө өзүнчө эргип турду, толкунданды. Ал анан тамак жасоого киришти. Ал күнү эшик тынбады. Биринин артынан бирин эмеректерди алып келип үй ичин толтуруп койду. Жаңы келген чоң столго дасторкон жаап стулдарды тегерете коюп кыялданып алды: "Апам келсе ачык эле айтам, кандай адамга туш болгонумду көрсүн, сый көрүп, көңүлү тынып калсын" деп ойлонуп атты. Ал күнү ал жалгыз жатты. Тамакты таттуулап жасап Газымды күтсө келбеди. Күтүп жатып уктап калды. Эртеси кеч ойгонду, башы ооруп калыптыр, ваннага кирип жуунуп чыкты. Анан сергип алып чай койду. Эки күндүн ичинде үйдө отуруп тажап кетти. Бир нерсе эсине түшө калып телефонду бурады эле дароо эле алды:

- Ало, Газым Зафаровичпи?

- Ооба-ооба, Салима, кандай, менин белектерим жактыбы?

- Жакты, ошол үчүн сизге рахмат айтып койоюн деп эле чалып калдым,

- Андан көрө үй издедиңби?

- Жок, үйдө эле отурам.

- Аа-а мейли, гезиттен сатыла турган үй болсо өзүм деле караштырам, макул анда, кечке чейин, - деп трубканы коюп койду: "Демек бүгүн келет экен" Салима ушинтип ойлоп көңүлү көтөрүлө түштү. Чай ичип алып базарга жөнөдү, өзүнчө кудуңдай баалуу косметика, атыр алып анан түнкү кийип жатчу көйнөктүн эң жакшысынан сатып алды. Кечке маал дагы бир ваннага түшүп, түнкү көйнөктү кийип, төшөктү кең салып жатып калды. Түн кирээри менен эшик чырылдаганда жетип барып Газымды тосуп алды. Келиндин жыты буркураган атырынан анын башы тегерене босогодон эле кучакташып көпкө турушту.

- Кандай Салима, деги ыраазысыңбы, мен эркекче сөзүмдү аткарамын, сен мен айткандай экинчи аялым болосуң, жаңы үй сатып алганда нике кыйдырам, кандай дейсиң?

- Сиздин айткандарыңызга каршы эмесмин, - Салима сүзүлө карап эркелей кетти, - Телевизор го келди, эми дивиди алып бериңиз, телевизордо кызыктуу деле эч нерсе болбойт экен, каалаган кинону коюп көргөнгө жакшы, - деди.

- Акчасын берем, өзүң жакшысынан тандап апкелип ал, дискти да унутпа - деди Газым. Салима анын мойнуна колун артып эркелей кетти:

- Мен абдан зеригет экенмин, сиз бир күнү келесиз, бир күнү жок…

- Алтыным, жаным десе, зерикпе, үйгө барбасам да болбойт, мен жумуш деп, ансыз да үйгө көп барбайм, мен үчүн азыр сен гана биринчисиң, - деп экөө көпкө чейин аймалашып жатып, анан ордуларынан турду. Салима ваннага кирип жуунуп чыккандан кийин тамак жасоого киришти. Газым андан кийин жуунуп чыгып халатчан Салиманын жанына келди:

- Урматтуу шеф, сизге аялдардын жумушу кызыкпы, андан көрө эс ала берсеңиз, - деп жылмайды Салима.

- Жок жаным, менде бир ой пайда болду, сен жалгыз калганда эриксең өзүңө ылайык аял издеп таап алсаң болот да? Кызматчың болот.

- Ага төлөш керек го? - Салима аны суроолуу карады.

- Төлөйбүз, айына эки миң сом төлөсөк болобу?

- Андай болсо эртең эле табам, бекер жашап, тамак ашы бекерге ким келбесин, эки миң сомго кудай дейт.

- Анда ошондой кыл, сөзсүз тап, төлөйбүз жаным, сен эле зерикпесең болду. Сен үчүн баарын жасайм! - Салиманы артынан кучактап кулак түбүнөн өөп койду. Тамак бышканда экөө жай отуруп тамактанып, винодон ичип көпкө сүйлөшүп отуруп Газым Зафарович беш миң сом берип, анан кийинип чыгып баратып дагы өөп туруп:

- Сакиш, эми сен жанагы аялды таап ал, анан куу, шум болбосун, сени алдап көтөрүп кете тургандан болбосун, үй алганда өзүнчө бөлмөгө жайгаштырып койобуз, - деди.

- Айтканыңыз аткарылат, эртең келгениңизде жалгыз тосуп албайм! - Салима эркелей узатып эшигин жапты. Анан ойлуу диванга отуруп алып көздөрүн жумду: "Эмне экен, экинчи аял болсо болом да, иштетпей, кызматчы жалдап берип, эч нерседен кемитпей бакса андан артык эмне керек, мен бактылуумун" деп анан оюна бирдемелер келип: "ырас эле, Газымга кеңешип бир чоңураак кыз багып албайынбы?" деген ойго келди. Бирок бат эле ал оюнан баш тартты. "бирөөнүн баласы бала болуп бермек беле…" Көпкө отуруп саатын карады, үчтөн жаңы эле өтүптүр. Базарга барсам болот экен, деп кийинди да сыртка чыгып, аялдамага жөнөдү. Ал базарга келгенде тарай элек экен, кыдырып жүрүп бир дивиди алды да анан: "кызматчы аялды издеш үчүн эртең эртерээк келишим керек" деп ойлоп радиоузел тарапка жөнөдү. Ал жерде да эл көп экен, аярлап бир аз турду да жарыя берди. Бир заматта жаш кыздар менен чоң аялдарга чейин чогула калды.

- Сизби? - деди аны тегеректеп тургандардын бири.

- Ооба, - Салима аларды таңыркай карап: "Үй кызматчы десе да көп табылат турбайбы" деп ойлоп калганда:

- Эже, айына канча төлөнөт, кандай жумуштар бар? - деди дагы бири.

- Мм, мен жалгызмын, кошо жашап, тамагы менден, айына эки миң, мага улгайган аял керек, жаштар болбойт.

- Анда мага ылайык экен, кызым, - деди орто жашаган, баскан-турганы тың аял алдыга чыгып.

- Сиздин үйбүлө, бала-чакаңыз барбы?

- Жок кызым, кара жаным эле, өзүм дагы ушундай иш издеп жүргөм.

- Жүрүңүз, - Салима аны ээрчите аялдамага келди да таксиге отуруп үйүнө келди. Ал аялдын аты Мария экен. Экөө үйгө келгенден кийин жакшылап таанышып, сүйлөшүп отурушту. Салима жоош, момун, эч кимиси жок экенине ичинен кымылдап алганы менен: "Кудай ай, өмүр бою эле жапжаш, сулуу бойдон жүрө бермек белем, жашым өтүп картайганда мен дагы ушинтип каламбы?" деп жүрөгү зырп эте, сайгылашып кетти. Мариянын жердиги Көлдөн. Төрт бир туугандын улуусу эле. Эл катары ал дагы убагында турмуш куруп эне да болгон. Күйөөсү абдан жакшы адам болчу, ал эки балалуу болгондон кийин авариядан каза болуп калган. Ыйлай-сыктай өзү эки баласын багып жүргөндө улуу баласы онго чыкканда шатыдан кулап каза болуп калды. Андан жарым жыл өтпөй экинчи баласы ооруп каза болду, ошентип карайлап бир үйдө кудайга үнү жете сыздап кала берди. Бир тууган деген кантсе да кабар алып турушту. Заман кыйындаганда алар деле өздөрү менен өздөрү болуп калды. Ыйлай-сыктай инисине барып бир баласын караан болуп менин жанымда болсун десе бербей койду. Сиңдилери да бербеди. Иниси:

- Андан көрө мал-салыңды алып биротоло көчүрүп келейин, жалгыз эмне кылмак элең, - дегенде:

- Макул айланайын, - деп аргасыз кырк эки жашында инисинин үйүнө көчүп келди. Бирок келини жактыра бербей, кылган ишин кайра жасап ага тирешип туруп алды. Иниси күңкүлдөп тим болот. Мария эрте туруп эшигин шыпырып, чайын коюп жакшы эле жагынды. Кийинчерээк ачык эле урушуп "кет!" дей баштады. Эки сиңдиси көрүп турса да унчукпады. Акыры жолго деп бир коюн саттырып, шаарга жөнөмөк болгондо келини:

- Бер малынын баарын, кийин дагы "малым бар эле" деп келе берип тажатат, - дегенде иниси:

- Эй энеңди, эмне деп жатасың - бизге келбегенде кимге.. кайда барат анан? Сен эмне эле куучуңдап туруп алдың? - десе ого бетер ажылдап:

- Эне атаң кыйратып эжең калыптырбы? Кааласаң эжең менен үйүнө барып жаша, мен төрт балам менен бөрүдөй эле оокат кылам! - деп күйөөсүнө бакырганда Мария чыдай албай:

- Кеберкан, ал эмне дегениң, атамдар жалгыз уул-келинибиз деп жакшы эле караган үчүн үй-жайлуу, мал келдүү болуп, эл ортону болуп отурасыңар! - деди эле ал ага атырылды:

- Көргө көтөрүп кете албаган үчүн калды, болбосо качан эле бизге ээ кылчу эле, көбүн менин ата-энем берген!

- Кой, сага кеп жок экен. Канат, болгон малды калтырбай сатып мен шаарга барып оокат кылайын, силерге да салакам тийбесин, - деп эки уй, беш кой, эки улактуу эчкисин сатып баса берген. Кырк эки жаш эмне, улунуп жулкунган убак эмеспи, келген жылы соодасы жакшы эле болуп жүрдү. Кийин жашылча сатам деп дүңүнөн капуста, сабиз алып сатып жүргөндө алган акчасы чыкпай артка кете берди. Бир жагынан батирге төлөйт. Кээде келиндерге кошулуп кафелерде отуруп анча-мынча ичип коюп жүрүп кайра соодасы жүрүшпөй акыры өтө кыйналганда күндө бир ящик алма, бир ящик алмурут алып ошону кечке сатып, эртеси кайра алып сатат. Бирок артка кеткени кеткен. Ошентип таң атып кеч кирип атып арадан жети жыл өтүп кеткенин байкабады. Айласы кеткенде жайында го эчтеке эмес, кышында муздак алманы сатыштан заарканып эки күндөн бери "жылуу-жумшак эле үй кызматчы же бала баккан жумуш болсо кетип калайын" деген ойдо болгон. Ал эми Салимага көнгүчө, анын кыял-жоругун талдап түшүнгүчө тартынып жүрдү. Бирок Салиманын толгон жумушу жок, келген күнү эле тамак-аштын турган жерин көрсөтүп берген. Калганын аял киши өзү билет эмеспи. Салима болсо видик көрүп өзү тандап алган дисктерди коюп оңуп калды. Мария экөө бирге тамактанып анан кобурашып отуруп калат. Чынында Салима адеген күндөрү кирин жуудургандан уялып берген жок. Газым жөнүндө ачык айтып түшүндүрүп койду. Күн алыс шоферу толтура тамак-аш алып келип таштап кетет. Чучук, казы-картаны, койдун этин алып келип өзү түнөгөн түндөрү көпкө чейин укташпайт, андайда Мария ашканада жатып калат. Жаны жай алып эле калды. Сыртка чыкпай жылуу үйдө, тамак-ашка кенелип көөнү жай: "бир тууганым экен деп кир когун жууп, кечке казанга нан жаап, казан толтура тамак жасап, кайра идиш жуусам да жакпадым, биерде кылган ишиме акы алам, кардым ток, толгон жумуш жок" деп ойлонуп калат. Келгенине бир ай болгондо айткан акчасын алып катып алды. Бир күндө Газым үч-төрт жолу телефон чалып турат, сыягы Салиманын үйдө бар-жогун текшерет окшойт. Ошондой күндөрдүн биринде түш ченде эшик чыр этип калды. Мария барып ача койсо сулуучасынан келген толук аял босогодо туруптур:

- Сизге ким керек эле? - деди ал.

- Салима деген келин ушул үйдө жашайбы?

- Ооба-ооба, кире бериңиз, - Мария эч нерседен бейкапар диванда уктап жаткан Салиманы ойготту.

- Салима, сага келиптир!

- Ким экен?

- Билбейм, өзүң жолукчу, туугандарыңан болуп жүрбөсүн, - деп ашканага кирип кетти. Аңгыча тигил аял үйдүн ичин карап туруп, анан Салиманы карады:

- Салима сенсиңби?

- Ооба, сиз кимсиз?

- Мен Газым Зафаровичтин аялы болом, биздин төрт балабыз бар, сен өзүң жаш эле экенсиң, үй бузгандан уялган жоксуңбу?

- Эже, мен… - Салима эмне дээрин билбей туруп калды. Ошол убакта телефон чыр этип калды эле Салима ала койоюн дегенде тигил аял алып:

- Эмне болду, эрке токолуңуздун уйкусу канганын билейин дедиңиз беле? - деди кекээрлүү.

- Сага аерде эмне бар экен? -Газым телефондон эле уруша баштады, - Сыйың менен үйгө жөнө, болбосо биротоло кирип алып сага барбай койом, баарыңды таштайм!

- Коркуп калдык, болуптур азыр мен үйгө кетем, бирок экинчи бул аял менен жолугушканыңды токтотпосоң тынчтык бербейм! - деди да ал сыртка чыгып баратып, - Сен анын акчасына кызыккан сетерсиң да?! - кайрыла, - Салима, экинчи бул жерден кезигишпейли, - дегенде Салима:

- Өз үйүмдөн кайда кетмек элем, келе бериңиз! - деп ары карап кетти, - Адегенде күйөөңүздү тыйып алыңыз, - дегенге жарады.

- "Ойнош оттон ысык, калып калса боктон сасык" дешет эмеспи эл, сасыбай өз жолуңду тап! - деди да эшикти карс жаап кетип калды. Салима диванга отуруп алып ыйлап жиберди: "Неге макул болдум экен, ушуну укмаккабы, аялым үндөбөйт дебеди беле?" деп көзүнүн жашы мончоктой ыйлап отурганда баарын угуп турган Мария жанына келип сооротконго киришти:

- Анын эмнесине ыйлайсың, күйөөсү үйдөн чыгып кеткенге өзү күнөөлүү да?

- Эжекебай, менде күнөө жок, баарын кылган күйөөсү, жанымды койбой үйгө бүт дүнүйөнү алып келип жатат, адегенде каршы болгомун, болбой эле… - деп буркурап жатканда Газым кирип келди.

- Капа болбочу Сакиш, ага сени менен иштеген келиндердин бири телефон чалыптыр, дарегиңди да айткан го. Эч кайгырба, таба алгыс кылам, - бүгүн түнү көчөбүз, үйдү даярдап койдум, - деп Салиманы сүйлөтпөй эле кучактап бети башынан өөп сооротуп жатты, - Бүгүн бул жерден кетебиз.

- Ал мага тынчтык бербейм деп кетти, мени жайыма коюңузчу?

- Андай болбойт, аны экинчи сүйлөгүс кылам.

- Балдарыңыз да чоңоюп калыптыр, сизден көрбөйт, мени күнөөлөп бир күнү жыга чаап кетпесин?

- Кантип эле, балдарым ага барбайт, мүмкүн эмес!

- Сиз кайдан билесиз, апасы тигинтип жатса балдар деген апасын угат да?

- Корко бербечи алтыным, аны өзүм тыйып койом, анын укканын сенин алдыңда эле билдим, мага айтпай эле сага келиптир.

- Билбейм, мени тынч коюңузчу, дүйнөңдү баарын алып кетиңиз, мага тынч гана жетип-жетпей жашаган жашоо жагат.

Экөө Антип алышып жатканда Мария лагман чоюп тамак жасады да аларды чакырды. Салима бети-колун жууп келип столго отурду. Экөө үнсүз отуруп тамактанды.

- Менин Мэрге бара турган жумушум бар эле, капа болбой эжең менен отура бер, мен кечинде жүк салганга машина жиберем, көчүп, шофер көрсөткөн үйгө түшүп жайлана бергиле, үйдү жыйыштырганга эки жигит барат эртең, силер барып өзүңөр эс ала бергиле, үйдү сенин атыңа жаздырам, - Газым шаша чыгып кетти.

Мария дагы көп акыл-насааттарын айтып алаксытып анын жанына отурду. Кечке кыжаалат болуп кечке маал машина келип жүгүн жүктөп, өздөрүн Газымдын кызматтык шоферу салып алып жүк салган машинанын алдына түшүп жөнөдү. Дүпүйгөн тал-теректүү айылдын четиндеги бышык кыштан салынган үйгө кирип жүк түшүрүп жатып калышты. Чоң короосу, дарбазасы бар жаңыча салынган үй экен. Ар бир бөлмөсүнүн люстралары жаркырайт. Залынын узундугу эле он метрдей экен. Көрсө Газым үйдү өзү кооздотуп, баарын толтуруп анан көчүрмөк экен. Аялы Салимага келгенинен шашылыш көчүрүптүр. Бир айдын ичинде үйдүн кагаздарын Салиманын наамына жаздырып бүтүрдү. Жети бөлмө, кире бериши хансарай болуп чоң-чоң челектерге өстүрүлгөн лимон, акация гүлдөрү орнотулган. Салима көөнү тынып калган менен алдыда дагы кандай тоскоолдуктар жатканын али билбеди. Ошону менен тынчып калбай Газымдын аялы балдарын тукуруп жатканынан кабары жок креслодо чалкалап, белендеп берген аштын ээси болуп жата берди. Ата-энесин конокко чакырды. Алар кызынын тез эле мындай даражага жетип калганына кубанып атышты. Кызгалдак менен Макулбек да көрүндүктөрүн көтөрүп келип, үйгө суктанып кетишти. Ошол эки-үч айдын ичинде Газым келбеди. Ошол күнү келгенде ал катуу ооруп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтып көңүлү суз кеткен. Арадан он күн өтпөй эле анын инсульт болуп каза болгонун телевизордон укту. Анын өзүнө жасаган мамилесин, жакшылыктарын ойлоп ичи ачышып ыйлап, ыйлап кала берди. Андан кийин көпкө эч жакка чыкпады. Ошол арада Кызгалдак ага телефон чалды:

- Салима кандайсың, жакшы жатасыңбы?

- Жакшы досум, өзүңөр кандай, бала-чака тынчпы?

- Баары жайында, Салима, сага бир жаңылык айтмакчымын, Марс өткөндө катуу ооруп, инсульттан баспай, сүйлөбөй калган, анан анын аялын апасы алып кетип калыптыр.

- Эмнеге?

- "Жаштайыңда оорулууну багып куурайсың, баласын бер да бул жерден кет, сени бул бала үчүн алган" деп.

- Анан?

- Зайна кетпейм десе болбой эле алып кетиптир, баланы Зайна өзү дагы боору ооруганбы же кайрылып келем деп ойлогонбу, айтор таштап кетиптир!

- Эми эмне болот, ким карап атат?

- Апасы бар, Сагын басып сүйлөп калган да.

- Врачтар карап атабы Марсты?

- Ооба дарылап жатыптыр, кечээ барып көрүп келдик, жалдырап эле көзү өтүп сүйлөйүн деп сүйлөй албай койду, көзүнүн жашы тим эле жамгырдай төгүлөт.

- Жаман болуптур, көрүп коюшум керек го?

- Көрүп эмес, биротоло келсең да болот, эми Зайнаны жиберишпейт!

- Койсоңчу, ата-энеси эмне дейт?

- Апасы мага айтып ыйлады, алардын сени келип алса дегендей оюу бар, Марс ошол кайненесинин айынан ооруп калыптыр…

- Мейли досум, мен бир-эки күндө барып калам, Марс ооруканадабы?

- Ооба, ооруканада жатат, врачтар жакшы болуп кетет деп жатат дейт.

- Макул, мен барам.

- Келгин, балким сени көрсө да айыгып кетиши мүмкүн.

- Жакшы тургула, көрүшкөнчө, - Салима трубканы койгондон кийин көпкө ойлонду: "Барышым керек, мен Марсты сүйөм, ушундай абалда аны кароосуз таштаганым болбос" деген чечимге келип бир-эки күн дебей эле эртең жөнөмөк болуп шаардагы сиңдисин үйгө келип туруп тургула деп телефондон чакырды. Алар эртең меен келмек болушту. Антпесе тигил аялга да ишенич жок болчу: "Көпкө жүрүп калсам ким билет, жүктөп кетеби" деген ойдо болду. Эртеси эрте туруп Көлгө жөнөп кетти. Ал келгенде Марс коляскада отурган. Салима жетип эле кучактап эки бетинен өөп ыйлап ийгенде Марстын колдору, буттары калчылдап көзүнөн жаш куюла аны жалооруй карап турду. Анын аянычтуу түрүн көрүп зээни кейип врач менен сүйлөштү: "Катуу ойлонгондо кан тамырларга күч келип нерв бузула түшкөн, дагы жакшы, мээге кан куюлуп кетсе өлүп калуусу мүмкүн болчу" - деди ага врач.

- Деги айыга алабы, же ушул бойдон калабы? - Салима кабатырлана сурады.

- Айыгат, аз эле болду, жакшылап карасаңар, күчтүү укол, дары менен дарыласа айыгат, - деди врач ишенимдүү.

- Жакшылап карасаңыз, сакайып кетсе болду, сизден эч нерсени аябайм, - Салима анын чөнтөгүнө миң сомдуктан бешти акырын сала, - Чай ичип коюңуз, - деп жылмайып койду.

- Жок-жок, тим коюуңуз, врачтардын милдети оорулууну дарылап айыктыруу, - деп калп күлгөн боло чөнтөгүн сыйпалай алып бермек болгондо Салима аны карап:

- Эми биз кыргызбыз да, чай ичип кой деген жакшы эмеспи, жөн коюңуз, бизге ушуну жакшылап сакаюуга жардам берсеңиз болду, - деп коляскадагы Марсты карап койду.

Ал жалдырап эле отурат. Нес болгон немедей, бирок баарын угуп, көрүп эле тургандай. Арытан келе жаткан Марстын апасы Созул үч жашар Сагынбекти жетелеп келатып Салима врачтын чөнтөгүнө акча салганын байкап калды. Врач ары басып кеткенде жете келген Созул Салима экөө учурашып анан:

- Тигил доктурга акча бердиңби балам, биз деле бергенбиз, акчасын акчалай, койду тирүү алып келип бердик.

- Эне, эмне болсо да Марс сакайып кетсе болду, угуп алып чыдабадым, келгениме капа болбоңуз.

- Оой кокуй эмне капа болом, ушу экөөңөр баланын гана айынан бөлүндүңөр эле, Сагындын энеси деле бечара жакшы, апасы Марсты жактырбай төрөгөндөн баштап кетпей жүрүп алып ар кайсыны айтып уруштуруп ажыраштырмакка кылган аракети ушуга жеткирди.

- Зайна эси болсо келээр, баласын кантип таштамак эле?

- Келбейт, кетип атып ыйлап, "баланы таштайын, апам деле каршы болуп атат, бала үчүн мага үйлөнгөн, чоңойсо табаар" деп кетти.

- Ошонусу жаман болуптур… - Салима көзүнө жаш тегерене түшүп баланы эңкейе өөп койду, - Ушу бала деп дайнымды билдирбей кетпедим беле?!

- Ошону айтпайсыңбы, менин оюмча бул баланы окутуп эле койгон, чыгарып алып молдого дем салдырсамбы деп аттым эле.

- Ошентсе да болот, бир аз күтөлү, мен да аз күнгө тура турайын, сакайып кетсе анан кетээрмин.

- Айланайын, сенин да жумушуң бар, кудай боор ооруп койгусу бардыр, жакшы болуп эле кетсе экен, - Созул Марстын башынан сылай зээни кейий сүйлөдү, - Балама жамандык кааласа кудайдан тапсын, кантейин.

- Ооба эне, жамандык кылса өзү да көрөт, түшүнбөстүгү да.

Алар көпкө чейин сүйлөшүп, коляскадагы Марсты ары-бери сүйрөп басып жүрүп, укол сала турган маал келип калганда гана палатага киргизип, ордуна жаткырып чыгышты. Коштошуп Салима Кызгалдактардын үйүн карай жөнөдү. Ал келгенде чогуу тамактанып жатышкан эле.

- Оой досум, кел, кандай акыбал? - Кызгалдак менен Салима өбүшүп ысык учурашты да, Макулбек менен баш ийкеше сый учурашты, - Кандай ден-соолугуңуз, балдар чоңоюп жатабы?

- Жакшы, баары жакшы Салима, өзүң кандай, аксарайда көздү ачпай эле уктап жатасыңбы? - Макулбек тамашалай сурады.

- Айтпаңыз, сунган бутту тартпай жатсам эле курбум телефон чалып калды…

- Да, да-аа, бечарага кыйын иш болду, жаш неме сакайып кетсе болду.

- Жакшы эле болуп кетсин эми, - Кызгалдак да кейиген болду. Көпкө чейин Марс менен Зайнаны кеп кылып отурушту. Көрсө кайненеси кызы төрөгөндө келип кетпей жүрүп калат. Бир күнү ал жумуштан кеч калып кирип келип кызы менен энесинин сөздөрүн угуп, босогодо токтоп калат: "Ай кыз, сен муну менен түбөлүк жашайм дегениңди унут! Баланы торолтуп бер да ташта, мен сени баары бир биерге койбойм" дегенде Зайна: "Ой апа мен эч жакка кетпейм, баламды да таштабайм, ошондой эле ажыраштырсаң баламды ала кетем да, өмүр бою эрге тийбей төрүңдө отурам. Марс укпасын, андан көрө сен бара бер, өзүм чоңойтом баланы, ушул жерден өлүгүм чыгат" дейт. "Андай болсо күйөөңдү өлтүрүп кетем, башыңды айлантып алган тура, эртең чоң молдого барам да жинди кылып койом, анан жинди менен жашап көр" дейт кайненеси. Андан кийинки сөзүн уккусу келбей эшикте басып жүрүп үндөрү чыкпай калганда кирип бөлөк бөлмөгө жатып алып эртеси эрте кетип калат. Ошондон көп өтпөй эле башы ооруп ооруканага жатып калганда Зайнаны жибербей коюптур. Марс ошондон кийин бат-бат башы ооруп, кан басымы көтөрүлө берип, жакында тигинтип калды. Булардын баарын уккан Салима Созулдун айтканын эстеди: "Чын эле дуба окутуп койсо керек, чайналтпай молдого дем салдырган оң окшойт" деп ойлонду ал.

Күндөр өтө берди, Марста жылыш болбоду. Үйүнө тез-тез телефон чалып сурап турду. Акыры аны ооруканадан чыгарып молдого көргөзгөндө дем салып отурган молдо:

- Бу балага катуу дубаны эзип ичирген, - деди, - Жети күн окуганда көтөрсө, анда кудай берет.

- Айыктырса болобу? - Созул үмүттүү карады молдону.

- Болот, жети молдо жети күнү окуйбуз, андан кийин бир ай тынбай дем салыш керек, ал дуба тамырларына орной элек, эгер кечиккенде майып болуп калмак, тездетип башташ керек, - деди. Ошентип чоң молдолорду алып келип күнү-түнү дем салып, жети күнү-түнү менен тамак берип окуп жатышты. Уктабай да калган эле, үчүнчү күнү козголбой уктады. Төртүнчү күнү кичине кыймылга келип тамак сурагандай болду. Ысык тамак берип артынан чай беришти эле кайрадан уктап калды. Ошондон кийин аз-аздап кыймылга келип баратты. Туура бир ай дегенде Марс сүйлөй баштады, зорго эле сүйлөйт. Салима эми көөнү тынып, кете турган болду. Акмат аны кетирбей алып калмак болгондо Созул аны нукуп койду. Ал коштошуп жөнөп жатканда Марс:

- Са-салима, ме-ени таш-штаба! - деди араң сүйлөп.

- Мен дагы келип кетем, сен жакшы болуп кет! - деген Салима жөнөп кетти.

- Ой Созул, бул келинди кетирбеш керек эле, сага эмне болду? - Акмат аялын олурая карады.

- Эчтекени билбейсиң да чал, анын ата-энесине барып, анан үйүнөн алып келели, бечара угуп жетип келиптир, мен эле ошону кетиргим келип атат дейсиңби? - деп чалын тынчыта сүйлөдү, - Марска ушул Салима эле күйөт, төрөбөгөнү эле болбосо абдан жакшы келин.

- Ошондой дейм да, туура айтасың, ата-энесинин алдынан өтөлү, - дешип кемпир-чал сүйлөшүп жатканда Марс унчукпады. Ал оюнда аны кетирбей алып калбаганына нааразы боло түшкөн. Андан кийин Созул кыйын деп угуп жүргөн көзү ачык аялды үйүнө ээрчитип келип Марсты көрсөтүп үйүн тазалатты. Ал теспе кармап көпкө отуруп минтип айтты:

- Бул үйдө дуба бар, үч күн үйдү тазалап балаңарга дем салам, андан кийин үйдүн кай жеринде катылганын айтам, - деп дем салып үйдү тазалоого киришти. Дем салуу Марска жагып, көзү илинип кетти. Үч күндөн кийин:

- Төркү үйүңөрдүн төр жагындагы буюмдун алдында ийнеге саптап үч түр жипти окутуп көмгөн, ошону алып өрттөш керек, - Ордунан туруп барып залдагы диван креслонун арт жагынан, килемдин астынан эшип койгон үч түрдүү жип сапталган ийнени таап келип аны көпкө окуду, андан кийин өзү чыгып жипти өрттөп, ийнени сууга салып оозун күбүрөтүп бирдемелерди окуп жатты.

- Айланайын балам ай, катын эмес эле балээни алган экенсиң да, эми балээнин баары чыгып кетип, башың аман болсо эле болду, - Созул өзүнчө күбүрөп наалып жатты.

- Баары артта калды эне, акыры жүрүп уулуңуз оорусунан айыга электе жин кесел болмок экен. Эми дагы үч күн дем салам, уулуңуз куландан соо болуп кетет! - Көзү ачык теспесин кармап отуруп ушинткенде Созул ага ыраазычылыгын билдирди:

- Оозуңа май айланайын, үйдү абдан тазаладыңбы?

- Тазаладым, күндө эртең менен, кечинде ысырыктап тургула, - деди анан. Аны коноктоп колуна акча берип жөнөткөндөн эки-үч күндөн кийин Марс аз-аздап сүйлөгөнү оңолуп баса баштады. Негедир баскан менен оң кол, оң буту жакшы иштебей атты. Ошол күнү сыртта күнгө чыгып отурган, үч жашар Сагынбеги анын жанында ойноп турган эле, Зайна дарбазадан кире бергенде аны көрүп Сагын:

- Апа-аа! - деп жүгүрүп жетти. Уулун кучактап өөп, Марстын жанына келип аны өөп:

- Жакшы болуп калдыңбы? - деди.

- Жакшымын Зайна… - Марс кабак бүркөй унчукту, - Эмм-не-ге кел-лд-иң?

Зайна ыңгайсыз абалда Марсты карап ыйлап жиберди:

- Сагынды сагындым, анан сени көрөйүн деп эле..

- Кк-ой Зайна, мен сени алам деп жарым ж-жан болу-п отурамы-ын го минтип, менин балам ж-жок эме-ес, эми бал-ланы ал да бар, бар-ра бер!

- Эмнеге Марс, мен биротоло келдим, атамдарга түшүндүрүп келдим, сени өзүм карайм!

- Бб-болбойт, бала үчүн үйлөнгөм, эми аны өзүң өстүрө бер, кийин таап алат, алим-мент т-төлө-өйм… - Марс кыйналып атып сүйлөдү, аны көргөн Зайна тизесинен кармай отуруп калды:

- Кечир мени, Марс?!

- Сенде күнөө жо-ок, баары бир тынч коюшпайт, мени тынч кой, сен апаң айткандай өз ттеңиңди та-ап жашсың оорукчан мени карайм десең дагы апаң келип би-ирр-ди кылып жүрбөсүн! - деп Марс ордунан таяна туруп сол колунун жардамы менен үйгө кирип кетти. Зайна турган ордунда бир топко катып турду да уулун эки бетинен өөп:

- Аман бол садагам, атаңдын жанында жүр, мен кийин келем ээ, бар үйгө кир! - деп Сагынды жетелеп үйдүн босогосунан киргизип коюп өзү короодон ыйлаган бойдон чыга жөнөдү. Үч жашар Сагын эч нерсеге түшүнбөй артынан карап туруп кала берди. Баланын наристе оюнда эмне бар ким билет, ал көпкө дарбазанын эшигин апасы кайра кирип келчүдөй карап туруп анан атасынын жанына барды:

- Ата, апа кетти, апам кетти!

- Мейли балам, кеткени жакшы болду, экөөбүзгө эми анын кереги жок! - Марс жанына келген уулун жүзүнөн сүйүп койду, - Мага сен болсоң болду, сени калтырганы жакшы болду, - Ойлуу уулунун башынан сылай отуруп калды. Мунун баарын угуп, көрүп турган Созул Марска эч нерсе дебеди. Анан тез арада Салиманын ата-энесинин алдына барууну чечти. Эртеси Акмат менен Созул Нарынга жөнөштү. Салиманын атасы өтө карып калган, ал куда-кудагыйын көрүп жакшылап тосуп алды. Акмат бир топтон кийин келгенинин жөнүн айтты эле, апасы аларды карай салабаттуу, сый минтти:

- Куда, кудагый, келгениңер жакшы, эми экөөнү тим эле койсок не болот. Анын жан жүрөгүн оорутуп… - деп бир азга ойлуу отуруп калганда Созул:

- Кудагый, Салима Марстын ооруп калганын угуп келип кетти, Акмат жибербей эле койолу дегенинен, мен "силердин алдыңардан өтөлү, ата-энеси бар, аттуу-баштуу кишилер өзүн-өзү билди деп Салимага капа болбосун" дедим, - деп айтканда кудасы:

- Ээ балдар өзү чечсин байбиче, алар урушуп талашып бири-биринен көңүлү калышкан жок, - деди кемпирин карай.

- Ооба, ооба кудагый, алар эмес биз деле Салиманы өз кызыбыздай көрөбүз, анын үстүнө Марс аны жакшы көрөт, дартка даба болоор, уулуна анын жанында болушун каалайт, - Акмат сөзгө аралашты. Анан кудагыйлар өз ара кеңешип алып Салимага барып өзүнөн сурамак болушту. Ошол эле күнү алар Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Орто-Сай айылында жашап жаткан Салиманын үйүнө Марстын машинасын айдатып алып жөнөп кетти. Акматтар чогулуп жөнөгөнүн көргөн Марс аларды сыртта туруп узатып калды. Ал аз да болсо басып, сүйлөп калганы менен али күчүнө кире элек эле. Ошондуктан Созул улуу уулунун кызына табыштап жатып:

- Кызым, абаңды жакшылап карап, бөбөгүң экөөнүн кардын ачырбай тур, - деди.

- Макул чоң эне, жакшы карап турам, эртерээк келип калгыла! - Он үч, он төрт жашар кыз Сагынды көтөрүп аларды узата карап турду. Марс өзүнчө күдүк ойлорго жетеленип отура берди: "Салима мени дале сүйөбү же… балким ал башка бирөөнү таап алган болсочу, ага мендей жарым жан күйөөнүн кереги болбосочу? Жок-жок, сүйүүгө мен татыктуу эмесмин, ал кетип калган күндө да мен аны издеп табышым керек эле, мен антпедим, бат эле аны унутуп жапжаш сулуу кызга азгырылдым, анын ордун башка менен алмаштырдым". "Анда неге? - дейт бир оюу, - Менин ооруганымды угуп келип кетти, мен үчүн тапканын аябаптыр, демек ал мени сүйөт, сүйөт, сүйөт!" ушуну ойлогондо үнүн чыгара сүйлөп ордунан тура калганын сезбей калды. Бул убакта секелек кыз Сагынды жетелеп сыртта жүргөн, жанында эч кимдин жогун билгенде өзүнчө жылмайып алды: "Ырас эле, ал байкуш мени алигиче сүйөт го, болбосо келмек эмес, мурункудай жашай алабызбы, аны кыйнап койбос бекенмин, ушул бойдон кала берсем анда ал кыйналат, балким жек көрүп да калышы мүмкүн. Жок-жок, андан көрө келбей эле койгону жакшы, сүйүүбүз ошол бойдон гана жүрөгүбүздө сакталып калышы керек, мага эми эч кимдин кереги жок!" ар кайсыны ойлоно берип кара терге түшүп, башы ооруп чыкты.

- Асема! - деди анан дарбазанын сыртында ойноп жүргөн карындашын чакырып, - Киргиле үйгө!

- Азыр аба, - Асема Сагынды жетелеп кирип дарбазанын илгичин илип Марстын жанына келди, - Үйгө киресизби?

- Ата-а, чоң апам кана? - Сагын атасынын тизесине жөлөнө бейкапар сурап койду.

- Апаңа кетти. - Марс кайдыгер гана уулунун ээгинен көтөрө өзүнө каратты, - Апаң келет.

- Ий да… - Сагын кайра ойноп кетти. Үч-төрт жаштагы баланын оюнда оюндан башка эмне болмок. Алар эми үйгө кирип баратканда дарбаза тыкылдап калды.

- Барып көрчү, ким экен? - Марс Асеманы жөнөтүп өзү босогосунда туруп калды. Эшик ачылып Кызгалдак менен Зайна, анын артынан Макулбек ээрчише кирип келишти. Аларды көргөн Марс ордунан козголбой тура берди.

- Ассало-ому алейкум! - Макулбек Марска кол суна учурашты.

- Ал-лекум салам, келиңиздер!

- Кандай Марс, ден-соолук жакшыбы? - Кызгалдак аны карай баш ийкеди.

- Жакшы-жакшы, үйгө кириңиздер, - Марс Зайнаны карабай үйгө баштап кирди. Зайна өзүнө жүгүрүп келген баласын көтөрүп өпкүлөй туруп калды. Үйгө кирип жайланышкандан кийин:

- Марс, беймаал убак, чакыртпай келип калганыбызга капа болбо, - Макулбек Марсты карай алакан жая сөздү эмнеден баштаарын билбей Кызгалдакты көздөй: "Сүйлө" дегендей баш какты.

- Эчтеке эмес, келгениңиздер жакшы, - Марс алардын эмнеге келгенин сезип тургандай башын жерге салды.

- Зайна келиптир… ал ата-энеси менен сүйлөшүп, экинчи киришпей турган болуп, анан келдим дейт, өзүң билесиң, биз ага өкүл ата, өкүл апа болгондон кийин анын сөзүн укпай койо албадык…

- Эмми-и өзүңүздөр түшүнөсүздөр, мен Зайнага чын көңүлүм менен өмүрлүк жар болуп бирге жашайбыз деп үйлөнгөмүн, анан, - Марс көпкө үн катпай жер карап туруп калды. - Көрсө тагдыр ушундай экен, эми бөлүнбөскө аргабыз жок!

- Марс, баары өттү, кетти, адам баласы кечиримдүү болуш керек, мына кудайга шүгүр жакшы болуп калдың, күндөн-күнгө өзүңө келесиң, уулуң менен келинчегиң болсо ооруну жеңип кетесиң, - Макулбек аны эпке келтирмек болуп аракеттенип жатты, - Зайнада күнөө жок экенин билесиң.

- Баары ошонун айынан болду, эми мен уулум менен гана калам, мага аялдын кереги да жок! - Ушул учурда Зайна уулун көтөрүп көзүнүн жашын куюлта кирип келди.

- Марс, апамдын кылыгы үчүн мени кечирип кой?!

- Кечирип??? - Марс аны заардуу көзү менен карады, - Ошол апаң алып келип койгон буюмду көргөн жок белең, неге бир ооз мага айтып же өзүң эле жашата койбосун билгенден кийин кетип калбайт белең, балким менин өлүмүмдү экөөлөп күтүп жүргөндүрсүңөр?

- Эмне, эмнени? - Зайна түшүнбөй кайра сурады.

- Эмнени деп… апаң дубалатып келип үйгө катып койгон каргыш алгыр ийне-жипти!

- Калп, андай болгон эмес! - Зайна ишенбеди, Марстын жөн эле көңүл калтыргысы келип, өзүнөн алыстаткысы келип жатканы деп ойлоду, - Марс, эч кандай андай болгон эмес, ажырашкың келсе жөн гана ачык айт, апам андайга барбайт!

- Анда мен калп айтып жаткан экенмин го, өзүм эле ооруган турбайынбы, анда угуп ал, "келбе, жашабайм сени менен" деп мен өткөндө эле айтпадым беле, кете берсең болот, жолуң ачык!

- Марс, анчалык катуу кетпе, балаңар турат, ортодо ага эле кыйын, - Кызгалдак айласы кете көңүл улагандай сүйлөдү, - Зайнаны деле түшүн, ал жаштык кылып койду, өткөндү кечирип келечегиңерди, уулуңарды ойлонгула.

- Ооба, экөөңө эч нерсе эмес, балага кыйын… - Макулбек Марстын түнөргөнүн көрүп ашыкча сөз айтууга оозу барбай отуруп калды.

- Баланы алам десе алсын, болбосо өзүм эч нерседен кемитпей багып алууга кудуретим жетет! - Марс жер караган бойдон үн катты, - Мен муну качан эле айткам, кааласа алсын, каалабаса таштасын, - Асеманы карады, - Конокторго дасторкон жай, биздин жашообуз үчүн жаман көрүнүшүп калбайлы, мен сиздерди сыйлайм, урматтайм, бирок мен айткан сөзүмдөн кайтпайм, мен азыр аял эмес өз абалымды… - деп кайрадан тунжурады.

- Кой Марс, үйдө киши жокто сенин тынчыңды алганыбызга кечирип кой, чайды ичпей жүрдүк беле, дагы эле иче беребиз, - Кызгалдак ордунан турмак болгондо Марс сол колун көтөрдү:

- Жок болбойт, мен ооруп калганда да ар дайым абалымды сурап жөлөк болуп турдуңуздар, курооз үйдөн чыкпайсыздар! - Аңгыча Асема дасторкон жайып даяр тамак ашты алып келе калды. Кантсе да бардар үйдө өсүп, келим-кетимди билген секелек кыз баарын ойдогудай жасап жатты. Зайна дасторконго келбей уулун кучактаган бойдон ыйлап отура берди. Мындайда кимдин жүрөгүнө аш барсын, экөөнүн тең көңүлүн кыялбаган жубайлар үндөбөй бир азга отурушту да бата кылып ордунан турганда Зайна баласын отургуза коюп:

- Марс, мен биротоло үйдөн чыгып кеткем, мени баламдан, өзүңдөн алыстатпа, мени кубалаба, отуң менен кирип, күлүң менен чыгайын, көзүмдүн карегиндей карап багам, менин сүйүүмдү четке какпа! - деп Марстын бутун кучактап буркурап жиберди, - Сен мени сүйбөсөң да бала үчүн алгансың, билем, бирок менин сага деген сүйүүмчү? Баламчы?!

- Бала аман чоңойсо кимибизди болбосун табат, азыр менин сүйүүнү ойлой турган алым жок! - Марс баш көтөрбөй үн катты. Буркурап ыйлап аткан Зайнаны Кызгалдак өйдө кылып колтуктай сыртка жөнөгөндө ал кайрыла калып:

- Марс, баланы талашып мен сенин жүрөгүңдү оорутпайын, аман болсо табаар, ушунчалык көңүлүң калган экен, аргам канча, өмүрүм өткөнчө экөөңдү эстеп, алсыз, кадыры жок сүйүүмдүн арманын айтып жүрүп, тирүүнүн өлүгү болуп жашап өтөөрмүн, Аман болгула! - деди да Сагынды бооруна кысып эки бетинен алмак-салмак өөп чыгып кетти. Марс отурган жеринде селдейди, Сагын эч нерседен капарсыз апасын ээрчибей эле отура берди: "Каргыш алган тагдыр ай, мен неге мынча таш боор болуп кеттим, же оору ошентип койобу? Байкуш Зайнага да убал болду, неге ага жибий албай койдум", деп нес болуп отурду. Аңгыча күүгүм кирип жатууга камынып уулун жанына алып эртелеп эле жатып калды. Канчалык уктайын деген менен ой, санаасы уктата койбоду.

Акматтар келгенде Салима уктап жаткан. Кечки күүгүмдө дарбаза тарсылдап кобур-собур чыкканынан Мария сыртка чыгып, аларды ээрчитип кирди. Бул заңгыраган үйдү көргөн Акмат менен Созул абдан таң калды, бирок эмнеси болсо да оң жооп алып кайтсак деген санаа алардын тынчын алып турган. Мария аларды үйгө баштап конок бөлмөгө киргизди да Салиманы ойготту:

- Кызым, ата-энеңдер келди, тур тура гой.

- Эмне дейсиз, менин ата-энем экөө тең келдиби? - Салима таң калгандай уйкусурап ордунан туруп чачтарын тарап ирээтке келтирди да алардын үстүнө кирди. Кызын көргөн ата-эне экөө кызын кучактап өөп учурашты. Кайната кайненесин көргөндө ал баарын түшүндү да алар менен сый гана баш ийкей учурашты.

- Кандай кызым, жакшы эле жүрөсүңбү?

- Жакшы апа, баары жакшы.

- Ботом сен жалгыз калдым деп кыздарга чалыпсың, тигил аял анда кайда кетти эле? - апасы үйрүлө кетти.

- Аа-аа, Мария эжени базарга бир иш менен жиберсем ал күнү келбей калбадыбы, көрсө үйдөн чыкпаган неме маршруткадан жаңылып калып кантип келээрин билбей вокзалга түнөп калыптыр.

- Анан кантип келип калды?

- Анан эртеси элден сурамжылап эптеп келди, аябай коркподумбу.

- Коркпой анан кызым, мынабундай ээн тамда коркосуң да, - Ошол убакта Мария алардын алдыларына дасторкон жайды. Көпкө чейин дасторкондо аркы-беркини кобурашып, Марстын абалын сурап билип отурганда Созул кеп баштады:

- Салима, айланайын кызым, келин-кайненедей эмес эне-баладай элек, мен сенин алдыңа чалым экөөбүз кеңешип кудагый куда менен келгенибизди боолголоп жаткандырсың. Марстан деле көңүлүң калбаганынан ооруганын угуп алып көрүп келдиң… - Созул бирдеме дебейсиңби дегендей Акматты карады.

- Ооба, ооба балам, эми-и өз үйүң, өлөң төшөгүң дегендей, Марстын жанында өзүң болбосоң ал бизге да анча чечилип сүйлөбөй жатат. Кокус ойлонуп жатып кайра ооруп калабы деп корком, - Акмат тамагын кыра үнүн жасап алып, - Биз сени кайра алып кетели деп келдик, жакшыны жатка чыгарба деген сөз бар, өз бүлөбүзсүң, чоочун эмессиң, кайрадан өз очогуңардан түтүн булатып жашасаңар, өткөндүн баары унутулат деп ойлодук, - деди.

- Кызым, - атасы Салиманы карай үн катты, - Эми бала эмессиңер, баарын терең ойлоп чечээр курактасыңар, апаң экөөбүздүн деле канча жашаарыбызды кудай билет, өлсөк да силердин өз-өзүңөрчө тынып калганыңарды көрүп көөнүбүз тынсын, ачык айт, чеччү өзүңсүң.

- Анан эмей, өзү сүйдүм, күйдүм деп Марс менен жетелешип кеткен болчу, кудай кылды төрөбөдүң балам, эми мындан аркы бактыңды ойло! - апасы да "айтчумду айттым өзү билсин" дегендей отуруп калды. Салима үнсүз гана креслодо жер карап көпкө отурду. Анан башын көтөрө:

- Эмне дейин, улуу башыңарды кичик кылып келип отурганыңыздарга ыраазымын, бирок мен барган күндө да аялы келип алып баланы талашып, мага да сөзү тийип калса не кылам?

- Зайнаны Марс келбес кылган, ал деле андай неме эмес, баланы өз ыктыяры менен таштап кетти, - Созул чынын айтып Салиманы "жок" деп койбосо экен деп кыйпычыктады.

- Мейли, канткен менен ал эне да. Апа, энеге бала кандай кымбат, бир кезде сагынып, ыйлайт, ойлонот. Чыдамы жетип биротоло кайрылып келбей койобу же…

- Келсе келип баланы көрүп кетип тураар, бирок аны Марс абдан жээрип калыптыр, "көргүм келбейт" деп кетирип жиберди.

- Кечиргиле ата, апа, силер мага жамандык каалабайсыңар, билем - деп Салима ойлуу отуруп калганда Созулдун шаштысы кетип калды: "ботом бул эми кайрылып барбайм дегени турабы" деп ойлоп ийди:

- Айланайын, атаң экөөбүздү сыйла, куда-кудагыйды сыйла, Марсты жалгызсыратпа…

- Макул, бирок убакыт бериңиздер, ойлоноюн. Ырас, мен Марстан жамандык деле көргөн жокмун, сиздерди сыйлайм, мен Марс менен жашабаган күндө да урматтап, сыйлап алганга кудуретим жетет, мен ойлоноюн.

- Баракелде кызым, бул сөзүң калетсиз сөз, ойлон. Сенин эстүүлүгүңдү билгем, болду кемпир, Салиманы кайра-кайра кыйнай бергенде эмне, эң сонун жооп болду, - Акмат кудуңдай Созулду карады.

- Ошент кызым, ойлонуп баарын өзүң чеч, жашоо сеники, бизде эмне сөз, - Апасы да ыраазы боло өздөрүнчө баш ийкешип, ымдаша сыртка чыгышты. Ошол эле күнү кетмек болду эле Салима аларды кетирбеди, абдан сыйлап коноктоду. Салиманын үч-төрт жыл аралыгында эле ушундай заңгыраган үй-жай күтүп калганына суктанып да, таң калып да турушту. Ызаат-сый көрүп эртеси түш оой келип калышты, алар келгенде Марс ысытмалап чыдай албай кыйналып жаткан. Түнү менен ойлонуп кирпик какпаганга көздөрү да киртийип кеткен. Ата-эне көрүп чоочуп кетишти да дароо тез жардам чакыра коюшту. Шаар ичинде тез жардам бат эле келип оорулууну көрүп укол сайып, дары жазып берип жаткан врач кыз:

- Сизге көп ойлонгонго болбойт, нервге күч келгенче ойлонсоңуз кайрадан ооруп калышыңыз мүмкүн, эмне өз жаныңызда өчүңүз барбы, жапжаш туруп оорукчан болуп калсаңыз сиздин кимге керегиңиз бар? - деп катуу айтканда Марс аргасыз жылмая:

- Чоң кыз, бирөөгө эмес азыр өзүмө өзүмдүн керегим жок болуп турат, жан дүйнөнүн ооруганынан көрө бул жашоодон тажап кечип кетким келип турат, - деди.

- Ок, ал эмнең балам, атаң экөөбүз сенин гана өмүрүңдү кудайдан тилеп колдон келгенин жасоого далбастап отурсак, сенин бул эмне дегениң? - Созул уулунун чекесинен сылай сүйкүмдүү карап кейиген түрдө көңүлүн көтөрүүгө аракеттенди.

Акмат тез жардамга келген машинаны жөнөткөндөн кийин уулунун жанына отуруп жатканда Асема:

- Кечээ Зайна жеңем келиптир, - деп баштады эле Созул Марстын эмнеге ооруганын дароо түшүнө койду.

- Ал жарыбагыр дагы келиптирби? - деди Марсты карай.

- Ооба апа, ал биротоло келдим деп Макулбек өкүл атаны ээрчитип келиптир…

- Атаны кокуй күн ай, Сагын ээрчип ыйлаган жокпу?

- Жо-ок, ал анын келгени, кеткени менен иши деле болгон жок, - Асема сөзгө кошулду.

- Кагылайын күчүгүм десе, энесин деле унутуп калмай болду, - Созул Сагынды кучактап башынан өөп койду.

- Ошонусу жакшы, - Марс бурк этип койду.

Ошону менен сөз уланбай Марска ысуулап тамак берүүнүн камын көрүп Созул ашканасында Асема экөө казан аягын кылдыратып атты, Акмат уулунун дале түнөрүп турганын көрүп өзү сурасын дегендей үндөбөй отурду. Марс болсо: "демек Салима келбейм деген экен, чын эле, ден-соолугу таза аялга мендей оорукчан күйөөнүн кереги эмне, туура кылыптыр, ал дагы өз тагдырынан жазганын көрсүн" деп ойлуу жата берди. Бир топтон кийин гана:

- Уулум, Салима бизди абдан коноктоду, жашоосу азыр бирөөгө көз каранды болчудай эмес экен, эстүү неме ойлоноюн деп калды, - деп сөз баштады Акмат.

- ?

- Ошол балам, ал "Зайна келип тынчыбызды албас бекен" деп кичине жүрөксүп атат, болбосо келчүдөй эле, анан "ойлоноюн" деди, сени кайра-кайра сурады…

- Өх! - деп алды Марс: "Демек байкушум мени дале сүйөт экен, кыялбайт экен, демек Зайнаны эми бул жерге келбе деш керек", - деп ичинен ойлогон менен эч нерсе дебеди. Акмат уулунун үндөбөгөнүнөн: "ооруп турган эмеге азыр эчтеменин кереги жок окшойт, көп сүйлөп кыйнабай эле койоюн" деп ойлоп:

- Эс алып калдыңбы уулум, көп ойлонбо, мен эми сыртка чыгайынчы, - деди да жооп күтпөй эле чыгып баратып чарчагандай ал дагы "Өх" деп алып басып кетти. Бул күн дагы күндөгүдөй эле үндөбөй отуруп тамактанып өз иштери менен алек болуп өтүп кетти.

Салима бул кезде жүрөгү жаш кездегидей элеп-желеп болуп, Марс экөөнүн жаңыдан үйлөнгөн кездери көз алдына тартыла ордунан турбай ойлонуп жата берди. Мариянын жүрөгүндө кыжаалаттык өкүм сүрүп: "бул күйөөсүнө кетсе, мен канттим, дагы кимдин эшигин сагалайм, соода кылууга да шыгым жок.. Ай жараткан ай, мынчалык неге кыйнадың, ушундан көрө алсаңчы" деп өзүнчө ашканада отуруп ыйлап сооронду да: "Салима мага өз кызымдай эле болуп калды, мени өзүң менен кошо алып кет дейин" деген ойго токтоду. Газым ага төрт-беш айга чейин айткан акчасын төлөп турган, ал өлгөндөн кийин Салима: "Эже, мен эми сизге ай сайын акча төлөй албайм, ал тургай өзүмө да иштешке туура келет" дегенде Мария: "акча төлөбөсөң мейли кызым, мени кубалай көрбө, кызматыңды кылып жатаар жерим, кардым ток болсо ошого ыраазымын" деп кетпей койгон эле. Салиманын жүрөгүн өйүткөн санаа Сагынды өз баламдай көрүп берилип кете аламбы, кокус аны өз баламдай тарбиялап чоңойткон күндө да Зайна келип: "Менин балам, сенин эч кандай акың жок, эне болууну кудай сага ыраа көрбөгөн, сен туубас аялсың" деп бир кезде баары бир айтаар деген сары убайым турду: "Бирок Марсты ушул абалда да таштай албайм, андан көрө Марсты: "Мындан ары Зайна менен эле жаша, кантсе да балаңдын апасы, өз энедей болбойт, балаң үчүн ошондой кылышың керек" деп көндүрсөмбү деген ой да келди. Баары бир өзү Марсты жакшы көрөөрүн сезип туюп эле турду, канткен менен тунгуч сүйүүсү, балжууран балалыгын арнаган алгачкы күйөөсү эмеспи. Ары ойлонуп, берип ойлонуп акыры Марс менен жашоосун улантууга макулдугун бермек болду. Созул кийинки жумада улуу келини менен келип алып кетмек болгон. Эртеси сиңдисин чакырып алар менен кеңешти да, үйүн аларга көздөтүп анан ошол эле шаар ичиндеги Марс экөөнүн ата-энелери сатып берген, жаштыгы, гүлгүн курагы, алтындай жакшы күндөрү өткөн үйүнө барууга бел байлады. Мария ага ошол күнү экөө бет маңдай отуруп чай ичип отурганда өз оюн айтып отурду:

- Салима, эгер туура көрсөң мен сени менен эле кетейин садага, менин азыр жумуштан кала турган убагым эмес, колуңа иш карматпайм, карыган кезимде кайсы эшикти сагалайын, жок дебе кызым…

- Оой эже, кантип эле сизди… бирок сизге кандай десем болот, андан көрө өзүңүзчө кеткениңиз дурус болоор…

- Жо-ок кызым, соода кыла албайм, баягы берген акчаңар турат, аны өзүң керегиңе жумша, мага жылуу жай болсо, кардым ток, ден-соолугум таза эле жүрсөм сенден эчтеке сурабайм, өлгүчө сени менен эле болоюн, кызымдай болуп калдың, өлсөм эптеп жашырып койорсуңар… - Мариянын көзүнөн шурудай болгон тоголок жаш жүзү ылдый мөлт эте куюлуп кетти.

- Эже ыйлабаңызчы, мейли мени менен кетиңиз, кейибеңиз, - Салима аны соорото сүйлөдү, - Эч кам санабаңыз, сизди өзүмдүн жакын эжем деп койом, андан көрө эртең Дордойго барып экөөбүз тең кийинели, акча өзүңүзгө керек, кийингенден калганын катып алыңыз.

- Болуптур садага, кийим кийгенде, кийбегенде не, менин жашоом күңүрттөнүп кеч кирген түндөй болуп калганда мага эмненин кереги?

- Антпеңиз, эже, мына төрт жылдан бери эне баладай болуп калдык, сизди керилтип кийинтип айылга ээрчитип көңүлүңүздү ачам.

- Садага болоюн десе, өзүңө окшогон бир кызым болгондо эмне, кудай сүйүп берип сүйүп алат экен, чырактай болгон уулдарды төрөдүм эле, эми төрөбөгөн аялдай минтип отурбайынбы!

- Кайгырбаңыз эже… - Салима Марияны жооткоткон менен жан дүйнөсү бороонго кабылган чаарчыктай калтырап, жүрөгүн кайдандыр соккон муздак шамал ургандай көзүн жума отуруп калды: "Ырас эле десең, бул аял төрөп түшүп, сүйүп кошулган жарынан да, алпештеп өстүрүп аткан балдарынан да айрылып тагдырдын оор азап-тозогун тартып, күнүмдүк кана жашоонун камын көрүп аргасыз жүрөт. Менчи, мен бул аялдын курагына барганда эмне болом? же төрөп алпештеген балам жок, бир туугандарым мени да дал ушинтип карабай кетишсечи? Жок-жок, мен сөзсүз бир бала же кыз багып алышым керек" деп ордунан тура калды. Ал эмнеге турганын өзү да байкабай калды.

- Салима, сага эмне болду? - Анын бозоргон өңүн, бүткөн боюнун калчылдап турганын көргөн Мария аны кармай калды.

- Жок-жок, эже, эч нерсе болгон жок, - Салима өзүн кармаган Мариянын колдорун бошотуп ашканага кирип суу ичип ары-бери басып өзүнө келди. Оюнда бала багууну бекемдеп атты: "Ооба, туубасам да тутунган балам деп айтып калышат го, мен өзүмө энчилеп багып албасам болбойт". Салима антип өзүнүн кийинки тагдыры жөнүндө ойлонуп жаны жай албай турганда аны дагы бир азап жылаандай ышкырып аңдып турган эле…

Газымдын аялы Зумрат күйөөсү өлгөндөн кийин Салиманы издөө салып артынан түшкөнгө даярданган менен өзүнүн колунан эч нерсе келбесин билди да, балдары чогулганда анын сүрөтүн көрсөтүп:

- Бул аял атаңардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер, ал тургай атаңар ал аялга шаардын четинен азыркы кезде салынып жаткан кымбат үйлөрдөн алып бергенин уккам, ал турсун ага атайын банктан эсеп ачып, акча катылган. Силер аны таап мага алып келсеңер үйдү да, банктагы акчаны да өзүбүз алабыз, - деди.

- Эмнеге чоочун аялга атам анчалык байлыкты кармата берет, эгер чын болсо аны Бишкекти, керек болсо Кыргызстанды түрө кыдырып таап келем, - улуу баласы ордунан туруп ары-бери басып ачууланып кирди.

- Сабырдуулук керек уулум, кокусунан өлтүрүп албагыла, кордобогула, жөн гана мага жолуктургула, андан аркысын өзүм бүтүрөм.

- Болуптур, - Улуу уулу Салимадан улуу, бирок төрт баласы, аялы, кызматы бар эле, - Сиз айткандай болсун, ал сизге оңой эле үйдөн чыгып кетип, банктагы акчаны берип койобу?

- Кеп ошондо, бирок ал өз атынан банкта канча миллион сом бар экенин билбейт, Газым айтууга үлгүрбөй кетти.

- Да-да-аа, демек билбейт деңизчи?

- Ооба, ал эчтеке билбейт.

- Анда мындай, мен өзүм таап келем, бирок ал аны билсе ого бетер бергиси келбейт да?

- Адегенде таап кел, анан көрөбүз. Эч жан билбегендей болсун, кокус анын көзүн тазалатып койсок да ичи-жиги билинбегендей болсун, - деди Зумрат балдарын өз колу менен тозокко салып жатканын сезбей, өзүн карабай жаш аялга кетип, болгонун ага чачканына ызаланганы тарабай.

Дал ошол күнү карапайым бир адам Дордойдун кире беришинде бирөөнү күткөн сымал элдин арасын карап жатты. Бул издөөнүн башталганына бир ай болгон. Расул өзү жакшы тааныган, түрмөдөн жаңы чыккан Элмарды колуна акча берип:

- Калганын ушул аялды таап дарегин билип келсең аласың, - деген эле.

Салима менен Мария күрү-күү түшкөн базар ичине элдин шары менен кирип баратканда Элмар колундагы сүрөттү бир карап Салиманы бир карап кым дей түштү да:

- Ээ таптым бул канчыкты, демек крупный акча колдо, - деп күбүрөнүп алды да, ууру мышыктай алардын артынан жөнөдү. Ар бир катарга кирип өздөрүнө кийим тандап жүргөн Салима менен Мария эки чоң чаар сумканы алды да көтөрүнүп таксиге зорго чыгышты. Алар таксиге отурганда Элмар дагы таксиге отуруп алардын артынан айдоону буйруду. Артынан келе жаткан такси менен иши жок, көнүмүш жолдо жүргөн машина катары көрүп эч нерсе оюнда жок үйүнө келип түшүп калышты. Элмар дароо артка айдатып Расулдун кабинетине жетти да кирүүгө уруксат сурады.

- Мен сөзсүз Расул Газымовго киришим керек, - дегенде аны катчы киргизбеди.

- Элмар деген иниң келди деп койчу, - деп аргасы кете катчыдан суранып туруп алганда ал кабинетке баш багып:

- Расул Газымович, сизге кирет элем деп Элмар деген келди, бош эмес десем болбойт, - деди эле арытан:

- Кире берсин! - деген үн чыкты. Антаңдап кирип келген Элмарды Расул отур дегендей белги берди да:

- Эмне жаңылыгың бар? - деп сурады.

- Сиздин тапшырмаңызды аткардым, ал аялдын турган үйүн артынан барып көрүп келдим…

- Адашып, башка аялды көрүп алган жоксуңбу?

- Андай болбойт, дал өзү, чынында сулуу аял экен.

- Болуптур бара бер, мен бир аздан кийин барам, - деп Расул аны чыгарып ордунан турду да чылым күйгүзүп кабинетинде ары-бери басып жүрдү: "Сени шашпа, бекерден байлыкка ээ болгон аялдын атасын таанытамын, да-аа, сулуу аял экен деди ээ, ошон үчүн атам азгырылган го. Жаш, сулуу болсо кимдер кызыкпаган, жакшы ат менен сулуу аял элдин көзүндө болот эмеспи" деп ойлонуп жатты. Бир аздан кийин кабинеттен чыгып катчысына:

- Мен бүгүн болбойм, зарыл иш менен келгендер болсо эртең келет де! - деди да чыгып кетти.

- Жарайт! - Катчы кыз жетекчисин узата карап кала берди.

Салима менен Мария алып келгендерин киргизип койду да ичке кирип бир аз эс алгандан кийин Мария кечки тамак жасоого киришти. Салима телевизорду коюп креслодо чалкалай ойлонуп көпкө жатты: "Демек мен Марссыз жашай албайм, ага ушул кезде сөзсүз керекмин, ал мени күтүп жатат, ал менин жашоом, тагдырым, бактым" деп ойлонуп жатканда анын кулагына сырттан дүбүрт угулгандай болду. Мария ошол кезде дарбазанын сырт жагына машина токтогонун сезип чыгып карап жүргөн. Ал тигиндейрээктеги токтоп турган машинаны көрүп: "Аа-аа, бизге эмес башка жакка келген тура", деп дарбазаны жаап кирип келатып үйдүн ичинен Салиманын чаңырган үнүн угуп босогодо тура калды, каалганын артына жашынып калганда:

- Сен кимсиң? - деген Салиманын үнү жаңырды.

- Кимди эмне кыласың канчык, бекер оокат аш болот дедиңби, сен үчүн менин атам өлгөн, демек жооп берүүгө убакыт жетти! - кекеткен үн угулганда Мария үйгө кире берип Салимага жардам бермек болду да кайра: "Менин колумдан эмне келет эле, андан көрө милицияга билдиргеним артык го?" деп ойлоп каалганын артынан суурулуп чыгып короонун ичиндеги дүпүйгөн бактын арасына кирип чоң дарактын түбүнө жатып алды. Бир кезде үч караан Салиманы өлгөн кишидей көтөрүп дарбазадан чыгып баратканда:- Үйдө башка эч ким жок бекен, баарын тинтип чыккыла, бизге айгактын кереги жок! - деди бири аста сүйлөп. Бири кайра үйгө кирип көптө чыгып үйдү айлана басты да:

- Кыбыр эткен жан жок, сыягы жалгыз турса керек! - деп алардын артынан чыгып кетти. Машинанын үнү алыстап кеткенден кийин да коркуп калган Мария үйгө даап кире албай жатып анан Салиманы эстегенде ордунан туруп жүгүрүп кирип телефондун кулагын бурады:

- Ало, алоо, милиция бекен, Орто-Сай айлынын Гагарин көчөсүнүн №56 үйүнө бирөөлөр кирип бир келинди алып кетишти, жардам бергиле, айланайындар! - Мария сүйлөп жатып ыйлап ийди.

- Канча убакыт болду?

- Он, он беш мүнөт мурун кетти, мен Салиманын кызматчысымын…

- Азыр барабыз, - деген дежурный трубканы коюп койду.

Мария үйгө отура албай дагы бирөө кирип келчүдөй короодон чыгып далдоодо туруп турду. Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө эки опертоптун машинасы ээрчише ызылдай келип токтогондо Мария аларга жүгүрүп чыгып ыйлап жатты:

- Сиз бизге ыйлабай туруп айтып бериңизчи, бул үйдө кимдер жашачу эле?

- Салима деген келин, анан мен эле турчумун.

- Ага жашыруун бирөөлөр келчү беле?

- Жо-ок айланайын, тынч эле жашачубуз.

- Ким болуп иштейт?

- Мугалим экен, мен келгенден бери иштечү эмес.

- Келген адамдардын өңү-түсүн көрдүңүзбү, айтып бере аласызбы?

- Жок, айта албайм, бирок мурда Аким болуп жүрүп кийин министрликке жеткен Газым дегендин баласы экенин сөздөрүнөн байкап калдым.

- Болуптур, азыр үйгө кирип көрөлү да тез ишке киришели. Сиз эс алыңыз, эртең чакырабыз, болгон билгениңизди жазып бересиз, - деп опертоптун жигиттери үйгө киришсе төркү бөлмө абдан чачылган экен. Терезенин форточкасын жулуп алып киргендери белгилүү болду. Алар бат эле чыкты да, жөнөп кетишти. Мария түнү менен уктаган жок.

Расул Салиманы апасына алып барбай эле бир караңгы подвалга киргизди да, байланган колун бошотуп столго таңып, өзү маңдайына отурду:

- Кана сулуу, сүйлөшөлү, атың ким? - Кытмыр жылмайды.

- Сени менен сүйлөшчү сөзүм жок, - Салима тескери карады.

- Эмнеге, бирөөнүн үйбүлөсүн бузуп, жашоосуна тоскоолдук кылып, анын артынан үйлүү-жайлуу болуп ханышадай өмүр сүргөн сулуу бир кезде жооп берээрин ойлобогону кызык…

- Мен бузган эмесмин, өзү бузулган, мени да азгырган! - Салима ага тикчийе карап жооп берди, - Мен андан эч нерсе сураган эмесмин.

- Та-ак, - Расул артын карап колун жаңсады эле, жансакчысыбы же жөн эле жанжолдошубу ал сыртка чыгып кагаз көтөрүп кайра кирди, - Мына бул кагазга үйдү жана банктагы акчаны өз макулдугуң менен өткөрүп берүү үчүн келишимге кол кой! - деди анын алдына кагазды таштап.

- Банктагы акча-а? - Салима эч нерсени түшүнбөй кагазга үңүлө калды: "Салима Турдубековнанын эсебине эки миллион сом которулду" деген жерин көрүп оозун ача Расулду карады. Ал аны сынай карап: "Кайдагы бир аялга ушунча акчаны которуп, атам акылынан адашкан экен" деп өңү түктүйө ачуусу келип отурган андан көзүн тартып алды.

Мария таңды эптеп атырып ордунан турду да шаша-буша кийинип алып үйдү кулпулады да: "Милицияга дайындашым керек, болбосо өлтүрүп койот, жакшылап изде деп айтпасам болбойт, сөзсүз акча берип дайындайын" деген ойдо атайын РОВДга келип милициянын капитаны Азам Шаршеевдин маңдайында отурду.

- Аа-аа, - деди ал, - Түндөгү кылмыш боюнчабы, балдар кетишкен, сизде так маалымат жок тура, издегенде дагы табыш кыйын, эже, - деди Азат Шаршеев креслого чалкалай берип.

- Айланайын, мындан ашык так маалымат болобу, Салиманы Газым Зафарович аялдыкка алам деп жүрүп үй алып бергенин билем, ал тургай мени да ошол атайын жалдап кызматыма төлөп турчу.

- Ошондой деңиз, андай болсо… - Азат саал ойлуу Марияны карап калганда:

- Уулум, сен жакшылык кылбасаң болбойт, өлтүрүп коюшу мүмкүн, - деп колундагы кагазга оролгон нерсени анын алдына жылдырды, - Мына муну машинаңа май куюп, чай-пай ичип кой айланайын, адам өмүрүн сактап калсаң чоң сооп болот, мендей бечаранын азырынча колунан келгенин алып жакшылап изде, уулум, - деди аны үмүттүү карап.

- Сиз ал аял менен канчадан бери турасыз? - Азат аны сынай карап сурады, - А бул акчаны кайдан алдыңыз?

- Мен Салима менен жашаганыма төрт жылдай болду, мага муну Газым Зафарович өзү ай сайын төлөгөн, ичкен-жегеним бекер, жата турган үй болгондуктан короткон эмесмин, жакшылыкка жакшылык деген…

- Андан кийин да төлөп турдубу?

- Жо-ок, Газым Зафрович өлгөндөн кийин Салима төлөгөн жок, мен бараар жерим жогунан жашаганыма эле ыраазы элем, садага.

- Мм, анда бара бериңиз, биз издеп табабыз, - Азат Марияны жылуу жумшак жөнөтүп коюп: "да, да-аа, демек Расул Газымовичтин колунан келген экен. Газым Зафаровичтин өлгөнүнө бир жылдан ашты, демек андан атасынын ызасын чыгаргысы келсе керек, ал минтип өзүнө айгак чыгаарын билбеген тура, болбосо экөөнүн тең көзүн тазаламак, анын парк бизнестеги бандасы муну соо коймок эмес" деп ойлоп ордунан турду.

Мария айылга жетип дарбазадан кире берейин дегенде коңшу үйдөн бир келин чыга калып:

- Эне, түндө үйүңөргө ууру кирдиби, Салима эженин үнүн угуп эле чыга калсак машина жүрүп кетти, - деп сурап калды.

- Аа-аа айланайын, ууру келсе буюм уурдайт, мал уурдайт, бизге адам уурусу келип Салиманы алып кеткен, мен милициядан келатам, - деп Мария аярдай дарбазанын оозуна туруп калды:

- Апэ-эй дагы эмне дейт, аны эмнеге алып кетти? - Тиги келин таңдана оозун басып, - Кызык, анын кандай күнөөсү бар эле? - деди жакындап келип.

- Кайдан билем садага, ушундай болуп кетти, эми эртерээк издегиле деп айтып келдим.

- Сизди унчукпай тим коюштубу?

- Мен көрүнгөн жокмун, кокус көргөндө өлтүрүп коюшат беле, ким билет, жакшы эле башка киши жокпу деп баарын тинтишти.

- Анда эне, сиз этиет болуңуз, алар бүгүн да келип жүрбөсүн, тиги милиция менен мындай "банданын" иштешкендери болот, сиздин арызданганыңызды жеткирсе сизге да зыяны тийет.

- Коку-уй, ырас айтасың, ансыз да айгактын кереги жок дегенин өз кулагым менен уккам, - Мария үрпөйө коркуп калды.

- Ананчы, алар бири-бири менен "связь" болушат, жакшылап карап мындай айгагы жок иш кылбайт белеңер деп шефи аларды кысса, алар жалгыз отурган сизди аямак беле?

- Ырас, ырас… - Мария не кылаар айласын таппай калды, үйгө киргенден коркту:… Не кылам, кайда барам, мени өлтүрсө мейли, Салиманы аман койсо болот эле, ал жаш эмеспи", деп ойлонуп туруп калды. Ошол кезде тиги келин аны карап:

- Эне, бүгүнчө үйгө түнөбөй эле коюңуз, биздикине эле кириңиз, - деп Марияга эшигин ачып жол баштады.

- Ыраазымын айланайын кызым, кудай жалгасын, эптеп Салиманы табышса эле болду эле… - Мария, ошол кезде бир нерсени ойлонгондой, - баса, мен Салиманын сиңдисине чалып коюп күтөйүн, аларга айтып койбосом болбойт, - деп шаша үйүнө кирип бир аздан кийин кайра чыкты, - Айтып койдум, азыр келебиз дешти, күтө турайын, келсе мени таппай калышпасын, - деди коңшу келинди карай.

- Мейли анда эне, аларга жолугуп анан эшикти каксаңыз өзүм чыгам, - анан ал кирип кетти.

Жарым сааттай убакыттан кийин сиңдиси Гүланда күйөөсү экөө такси менен келип калышты.

- Эмне болду, жакшылап, тактап айтыңызчы? - Сиңдиси ыйлап жибере турган абалда сурады.

- Мен дагы түшүнбөй калдым, кеч күүгүмдө бирөөлөр келип Салиманы алып кетишти, мен ашканада элем, - Мария аларга баарын айтып берди, бирок Газым менен болгон мамилесин айтпады.

- Эми эмне кылабыз? - Гүланда күйөөсүн карады.

- Кайдан билем, милициядан башка айла жок, аларга арыз түшкөн тура, издешет да? - күйөөсү ийнин куушура ары-бери басты. Алар бир топко туруп анан ата-энесине кабарлап, детектив жалдаш үчүн акча табуу керектигин сүйлөшүп үйлөрүнө кайтты. Мария аларды узата карап туруп: "Мен жоголсом издээрим жок, өлсөм ыйлаарым жок, аттиң" деп дарбазаны кулпулай коңшусунун үйүн көздөй басты.

- Кана бул кагаздарга кол койосуңбу? - Расул көздөрү кызарганча канталай анын маңдайына келип көзүнө тигилди, - Өлсөң издеп тапкыс кылам, жакшылыкча кол кой дагы өзүңдүн аман калганыңа кубанып жолуңа түш!

- Өлтүрсөң да, тирүү койсоң да жооп бересиң, менин артымда издөөчүм бар, ал үйдө ар дайым камера турат, силерди кайдан, качан болсо да табат! - Салима тайсалдабай чыйрала, өкүм унчукту.

- Эмне-э-э, кол койбойсуңбу?

- Кол койбойм, эгер жакшылыкча жолугуп түшүндүргөнүңөрдө балким мен кол коймокмун, эми эч качан!

- Ой-оой, бул канчык ишеничтүү адамы барсынып баатыр сүйлөйт го, бир аз эсине келтирип койгула! - деген Расул ары басканда эки жигит Салиманын жанына келип эки колун, эки бутун кадимки коркунучтуу душман менен салгылашчудай аркан менен керип эми сабамак болуп жатканда Расулдун телефону чыр этип калды. Расул:

- Алоо, угуп атам, - деди да тигилерге колун "токтоткула" дегендей көтөрүп ары басты, - Анан, ал кимиси экен? да, да, - деп телефонун жан чөнтөгүнө сала тигилерге карай ызырынды, - Кечинде жакшылап карагыла дебедим беле, карган аял милицияда менин атымды айтып арыз берип жүрүптүр! - деп заардуу карады.

- Эч ким жок болчу, шеф! - бирөөсү күнөөлүүдөй үн катты.

- Анан ким көрдү, ким айтмак эле, биздин сөздү уккан үчүн… - деди да Салимага карады, - Азыр сыйың менен мына буга кол кой, үй сага буйрусун, үйүңө жеткирип койом! - деди.

- Мен эч нерсеге кол койбойм, мен бирөөнү зордогон эмесмин, демек ага силердин тиешеңер да жок! - Салима, үмүтү жана ого бетер өктөм жооп берди, - Өлтүрсөң өлтүр, кол койбойм!

- Канчык! - Расул беркилерге карады, - Жакшылап карагыла, мен азыр, - деди да чыгып кетти.

Оңдой берди болуп Салиманы ошол эле күнү милициялар Расулду кысмакка алып атып чыгарып кетишти. Салима канчалык жашоодон үмүтүн үзүп сүйүнгөн ал тергөөчүнүн сурагына бир жолу барды да:

- Менин эч кандай доом жок, жөн гана сураныч кылды эле, мен үйдү берүүгө макулмун, башка сөзүм жок, койо берип койгула! - деди эле оозун ачкан тергөөчү:

- Эже, сиз андай дебеңиз да, зыян келтирбесе да сизге коркунуч туудурду: түндөп малдай кылып уурдай качканы кылмыш, чынында анын бандасы бар, ошонун сары изине чөп салып издеп, далилдей албай жүргөнбүз, - деди.

- Жок, мен андай ишке барбайм, башка кылмышы менен ишим жок, мени жөн гана үйдүн документин өткөрүп бер деп алып барышыптыр, мага эч кандай жаман айтпаса, кысым көрсөтпөсө эмнеге күнөөлөйм, - деп Мария жазган арызды айрып койду да бошотушун суранып өз колу менен арыз жазып чыгып кетти. Эч кимиси эч нерсе дебеди. Расул Газымовичти аргасыз чыгарып жиберишти. Бирок Салима: "Мейли үйдү берем, мындан кийин эч кандай тийе албайт, банктагы акчаны алып туруп биротоло айылдан үй алып көчүп кетем" деп ойлонуп ата-энеси, сиңдиси Гүланда экөө банкка барып эки жарым миллион сомду алып кайра баса беришти. Ошол күнү анын эшигине машина токтоп алар чоочулай карап эшикти ачса Зумрат менен Расул, дагы экөө-үчөө болуп машинадан түшүп жатышыптыр. Алардын астын утурлай Салима өзү чыкты. Ал: "Акчаны да, үйдү да өткөрүп бер дегени келишкен го" деген ойдо турду эле, Зумрат аны жете келип кучактай көрүштү да:

- Салима, балдардан кетсе кечир, бизге эч нерсенин кереги жок, биз сенден кечирим сурап, ыраазычылык билдирели деп эле келдик, - деди.

- Мен баарын Газым Зафаровичтин арбагы үчүн кечирдим, үйдүн документин керек болсо өткөрүп берейин, - деди мисирейе Салима.

- Жо-ок жок, кереги жок, сенин адамгерчилигиң үчүн, кечиримдүүлүгүң үчүн баарын кечтик, ыраазымын сага, балдарымдын күнөөсүн кечкениңе ыракмат!

- Эч нерсе эмес, бирок эртеби-кечпи кылган күнөөсү үчүн жооп берип калышы мүмкүн, мен кечирсем башка бирөө кечирбейт да, мына бул эже болбосо күм-жам кылмаксыңар, кылмышыңар билинбей жеңдик деп, табалай күлмөксүңөр, бирок баары бир издеп таап моюнуна бир канча жылды алып жазасын тартмак!

- Аның туура Салима, ыраазыбыз сага, тилегиңе жетип бактылуу бол, - Зумрат артына кайрылып машинага түшкөндө Расул басып келип:

- Кечирип коюңуз Салима, биз сизди башкача адам деп ойлодук эле, сиздин адамдык касиетиңиздин жогорулугу мени жаман жоруктарымды жоюуга түрткү берди, аялдын асылзаадасы экениңизге көзүм жетти, сиз болбогондо көп жоготуулардын арты менен менин түрмөгө түшүүм мүмкүн эле… - Расул бир азга ойлуу аны карап туруп, - сиздин адамгерчилик кылганыңызга чоң ыраазычылык билдирип мына муну алып келдик эле, - деп колундагы конвертти сунду, - Аман болуңуз! - Артына бурула машинага отура күлүмсүрөп колун өйдө көтөрдү да машина ордунан жылып жөнөдү. Салима үн дебей турган ордунда: "Кызык, атасынан калган дүнүйө-мүлккө , акчага ичтери ачышып жатып, кайра мага…" деп колундагы конвертти сыйпалай ойлуу тура берди: "Газым, сага ыраазымын, менин өмүрүмө жеткидей байлык таштапсың, сенин антип өлүп калаарыңды билгенде…" деп өзүн жалдырай карап турган ата-энеси, эже-сиңдиси, күйөө баласы менен жездесин көздөй басты:

- Оой, силерге эмне болду деги, баарың эле мени карап туруп калыпсыңар да, - деп жадырай карап сүйлөдү.

- Капырай, эмне болуп кетет деп коркуп кеттик, деги тынччылыкпы, жаман ойлору жок бекен деги? - Апасы аны утурлай тосту.

- Эмне кылат апа, мен анын жүзүн агартпадымбы, менден башка бирөө болсо жетелеп барып милицияларды анын жертөлөсүнө киргизип эмненин гана үстүнөн чыгышмак, канча кылмыштуу иштеринин жүзү ачылбай калды да.

- Туура кылыпсың, балам, душманың болсо да кечиримдүү болгонуң жакшы, - Атасы кызы менен сыймыктангандай, кубаттап койду.

- Айланайын Мария, сага эки дүйнөдө ыраазыбыз, сен болбогондо ким билет, -Апасы Марияга ыраазы болуп атты.

- Чынында Мария эже болбогондо мени кол койдуруп алып кескилеп өлтүрүп туруп ыргытып жибермек, - Салима ойлуу үйүнө жол баштады, - Жүргүлө эми, үйгө киргиле.

- Оо кудай, ушунуңа шүгүр, айланайын, - апасы отуруп алып шыпшынып кепти баштады, - Эми кызым, тил алсаң бул үйдү сат дагы башка жакка кет балам, ким билет кандай ойдо калышты, ичтери ачышып турган эмелер жалгыз жарым калсаң дагы бир балакет кылбасын.

- Ооба, биздин да үй-жайыбыз, тирлигибиз башка, анда-мында кабарлашканыбыз болбосо сага пайдабыз тийбейт, - эжеси сөзгө аралашты.

- Апаң экөөбүздүн дагы айылдан чыга албасыбызды билесиң балам, орун котор, анан Марс менен эле жаша, алар да келип калышат, колуңда оңор эмес байлык турат, эч жакка чыкпай үйдө бутту сунуп коюп жашай бер! - Атасы да кейий айтты, - Апаң туура айтат, үйдү сат да, тынч жашооңду өткөр.

- Өзүм да ошону ойлоп жатам, эртең эле жарнама берем да кардардын келишин күтөм, - Салима жер карап ойлуу үн катты, - Бирок Марс укса эмне дейт, анын жүрөгүн оорутпай, жолукпай эле койгонум жакшыдыр…

- Эчтеке болбойт, жашап кетесиңер, эми башка жакка кетип бизди санаага салбай көнгөн үйүңдө эле орун алып каласың, - Апасы тынчсыздана кетти, - Кой кызым Марстан качпа?!

Ошентип алар Салиманын тагдыры жөнүндө ойлоп жатканда сырттан машинанын токтогон үнү чыкты, Гүланда чыга калып Акмат менен Созулду баштап кирди.

- Кандай куда-кудагый, жакшы жатасыңарбы? - Созул кирип кудагый менен кучакташа көрүшүп анан баары менен учурашты, - Аман жатсаңар эле болду айланайын, Салима садагаң кетейин десе, жакшы жүрөсүңбү?

Ал Салиманы эки бетинен өөп төрдөн орун алды. Акмат да учурашып төргө өтүп Созулдун катарына отура кетти.

- Келген экенсиңер куда-кудагый, биз дагы силерди кеп кылып отурган элек, Марс жакшы эле жүрөбү, ден-соолугу дуруспу?

- Кудайга шүгүр, тарткылыгы бар экен уулумдун, эми күндөн-күнгө жакшы болуп баратат.

- Ошентсин, эртең биз да кетип атып кайрылып көрө кетели деп аттык эле.

- Эми кудай кулум десе оорунун дабаасы өзү табылат экен куда, ушунусуна шүгүр кылып кубанып турабыз.

- Небере кандай, чоңоюп жатабы? - Созулду карай кудагый суроо узатты.

- Жакшы, айланайын, чоңоюп, чалым экөөбүздүн эрмегибиз, чулдурап тили жаңы чыгып ширинин айтпа, - Созул кубанычтуу жылмайып койду.

- Ошентсин кудагый, неберелердин, балдардын амандыгы биздин кубанычыбыз, бактыбыз эмеспи, - Калыя аны кубаттап койду.

Андан кийин аларды коноктошту. Бара-бара өзүн токтоткон Салима жадырап-жайнап, болгон тамагын жайнатты. Бир туугандар өздөрүнчө бир бөлмөдө тамашалашып жанагы конверттеги акчаны санап көрөлү дегенге өтүштү. Ал эми кудагыйлар төркү конок бөлмөдө отурушкан.

- Эже, баягы акчаңыздын канча экенин көрдүңүзбү? - Гүланда ага ыктай шыбырап сурады.

- Миң доллар алып келиптир, алар мага ишенбей чыгарып коюп анан артымдан түшөт деп ойлошкондур, кокус милицияларга сүйлөшүп аны бошоткондон кийин артынан аңдыгыла деп көрсөтүп койсом иши бүтмөк да.

- Салима, - деди улуу эжеси менен агасы, - Сенде азыр бир топ байлык бар, эгер туура көрсөң кийинки акчаңды Гүланда үчөөбүзгө эле бер, башка сурабайбыз.

- Болуптур, болуптур эми, кайып-каскагынан бир байлыкка жетсем ошону да көрө албайсыңар, - Салима күлүп долларды тең үчкө бөлүп үчөөнүн алдына койду, - Капа болбой ушуну алып койгула, тигил акчаны мен кайра эле банкка салып койом, кереги тийет, үйдү сатып да кошом.

- Туура кыласың, - Агасы ага колдогонун билдирди, - Бул акча дегениң азыр берекеси жок, эмне болгонун билбей каласың, заматта түгөнөт.

- Эже, - деди Салима азыр орчундуу сөз айтчудай баарын карап, - Мен болсо балалуу болбой калдым, бала болбосо болбойт экен, үйдү саткандан кийин роддомдон дагы болсо бала багып алсамбы деп атам, кандай дейсиңер? - Ал ар биринен жооп күтүп карап калды.

Бирок алар үндөбөй тунжурай түшүштү. Көптөн кийин гана агасы Турар:

- Туура кыласың, роддомдон алганың жакшы, эч кимиси болбосо багууга болот, өзүңдүн балаңдай болуп калат, чоңойсо эрмек, - деди.

- Салима, эмнеси болсо да багып алганың жакшы дечи, бирок башка деген башка да, менин эң кичүү уулумду эле ал, быйыл эки жашка зорго чыгат, билбей калат бизди, сеники эле болсун, кантсе да өз эмеспи, - деп эжеси Калийма бир туугандарын карады, - Менин айтканым туурабы же туура эмеспи?

- Ырас эле, "өз өлтүрбөйт, жат жалгашпайт" дейт го, ошентсе деле болот, - Гүланда кепке кошулду, - Кенже азыр жаш, сиз багып алсаңыз эжемдерди билбей да калат.

Булар өздөрүнчө кужулдашып жатканда Калийма өз ичинен: "Колунда баары бар, уулум эч нерседен кем болбой чоңоет, кокус бирөөнүн баласын бакса байлыгы кайдагы бир таштанды балага кетип калбайбы" деп ойлоп жаткан. Анын оюн биле койгонсуп Турар да ошону ойлоду. Муну Салима гана сезбеди, тек эжесине ичи жылып: "бир тууган деген ушу да, сурасам бербейби деп чоочулап жүрсө, булар менден эчтеке аябайт тура" деп ойлоп ийди. Ошентип ал үйүн саткандан кийин алып алмак болуп сүйлөштү. Эртеси эртең менен гана Акмат чай ичип отурганда Салиманы карай сөз баштады.

- Кызым, биз сени алып кеткени келдик, Марс күтүп жатат, аны келбей койду деп капа болбо, айланайын.

- Жок-жок, эмнеге, аны түшүнөм, өзү жакшы болуп кетсе болду, - Салима жер карап унчукту.

- Айла-анайын десе, жаман уулду өзүбүз деле алып кетебиз, Марска эле караан болуп оокатыңарды кылсаңар болду, - Созул коштоп калды, - Сагынды бага турган кудурет бар балам, андан кам санаба.

- Апа, Сагынды кантип оорломок элем, аны алып кетебиз дегениңиздер кантип болсун, Марс ошентип атабы?

- Жо-ок, биз атаң экөөбүз эле ошентип ойлодук, буту-колу чыккан баланын оорчулугу жок деп.

- Андай болбойт апа, мен төрөбөгөнүм болбосо баланы жакшы көрөм, аны алып кетсеңер мен барбайм!

- Коку-уй кой балам, биздин жаман оюбуз жок эле оорукчан эмени караса кыйналып калабы деп ойлогонбуз, балаңар өзүңөргө эле кут болсун, айланайын, - Созул Салимага жасакерлене кетти, - өзүң барбасаң болбойт, Марсым үйгө кирип, сыртка чыгып үшкүрүнүп эле тынчы кетчү болду, же ачылып сырын айтпайт.

- Кой балам, кары кишилерге капа болгон жарабайт, булар деле силердин көптөн бери эки бөлүнүп жүргөнүңөргө кыжаалат болуп бирөөнүн баласын сүйөбү, сүйбөйбү деген ойдо болгонун түшүнүп кой, арадан беш-алты жыл өтүп кетти, өзүңөр ымалалашып, Марс оорусунан каксыз айыгып кетсе, анан бала силердики да, - Калыя кызын карап эмне дээр экен дегендей сүйлөдү.

- Апа, мен атамдарга капа болбойм, баланы алып кетебиз дешсе төрөбөгөн аял баланын баркын билмек беле дегендей сына түшөт экенсиң, - Салима ушул кезде өзүнүн төрөбөгөнүнө ызалангандай үнү каргылдана тамагын жаш бууй отуруп калды.

- Алдыңа кетейиним десе, антпей калалы, Марс дагы азыр күчүнө кире элек, кыйналып калабы деп эле курган жаныбыз, - Созул күнөөлүүдөй тайсалдай чалын карады.

- Балам, сенден арам ойлоп же сага ишенбесек кадырыбызды салып куда менен кудагыйдын астына барат белек? "Жакшыны жатка чыгарба" деген улуу макал бар, ошол үчүн сени өз балабыздай болуп калды эле деп келип отурабыз, эми биз кайталы, үйдө Марс менен небере кызым калды эле, акыйып жол карап атышкандыр, - Акмат дасторконго бата кыла ордунан козголду.

- Эмне дейсиң балам, атаңдарды күттүрбөй жообун бер! - Калыя Салиманы карады.

- Мен бара берейин, күтүп калбасын Марс, үйдү сатканга ошол үйдүн телефонун берем, силер калган оокат-ашты жыйыштырып кете бергиле, Гүланда менен Кайрат үйдө туруп турушат, мен бир жумадан кийин келип кетем, - деген Салима төркү үйгө кирип кийимдерин кийинип жатып Марияны карады, - Эже, үй сатылганча тура бериңиз, кийин кошо ала кетем, - деди.

- Макул кызым, мен туруп турам, эки жакка көз болом, анан эртерээк кабар алып тур, - деп Салиманын бетинен өөп коштошту.

Куда-кудагыйлар жылуу коштошуп жолго чыгышты. Салима сан-түркүн санаанын кучагында термелип жолдон көзүн албай үнсүз баратты: "Мен баарын Марска ачык айтышым керек, болбосо кийин анын ичи муздап калат, ага чындыкты айтып, ал кандай чечсе ошондой болот" деген чечимге келди. Жарым саатта эле кирип келишти, Марс сыртта жүргөн экен. Анын сол колу иштебей калган, өйдө-ылдый көтөрүлбөйт, бир буту да аксап басат. Бирок сүйлөгөнү жакшы эле. Машинадан түшүп келаткан Салиманы көрүп ичи тыз дей түштү, өзүнүн жарым жан болуп калганына жаны кейий аларды утурлай басты. Салима Марсты жете келип бетинен өөп:

- Марс, жакшы болуп калдыңбы, жакшы жүрөсүңбү? - деди.

- Жакшы-жакшы, Салима, өзүң кандайсың, ден-соолук, иштер жайындабы?

Ал экөө учурашып сүйлөшүп атканда Акмат менен Созул өздөрүнчө четке короонун сыртында далдоодо турушту.

- Капырай, бала болуп кетесиң да, бизден ийменип учурашалбай калат, тура тур берээк, - Салиманын артынан жөнөгөн Акматты Созул жеңинен тарта токтотту.

- Кайдан билдим, ой купшуңдаган каапыр, дегеле билбегениң жок, - Акмат Созулдун жанына келди, - Баса, булардын никесин кайра кыйбасак болбойт, эртең ырым-жырымын жасап коюп, анан кетели ээ, кемпир?

- Анан эмне, антпесе болбойт чал, деги ушу жамандын өмүрү узун болуп ден-соолугу таза болсо экен, балам Салима кеткенде бир азап чекти, эми минтип…

- Кудай түбөлүгүн түз кылсын кемпир, баягыдан жакшы болуп калды, бул бала Зайнаны Салимадай көрбөй ойдон деле ооруду белем, нервден болот ушу буту-колу иштебей калган.

- Таң, эми Салимасы жанында болсо айыгып кетээр, - Экөө аяр басып короого киришти. Машинаны дагы короого киргизип, коңшу бала үйүнө кетти. Сагын Салимадан чоочуркай атасынын жанынан чыкпай отуруп калды. Салима ага ала келген момпосуйларынан оозуна салып, колдоруна дагы кармап бир аздан кийин ойноп кетти. Асема экөө өз бөлмөсүндө. Акмат менен Созул чай ичип отуруп Марстын көңүлү ачылып калганын байкашты. Анан Акмат уулуна карап:

- Уулум, эртең молдо чакырып кайра нике жаңыртып койолу, антпесе болбойт, - деди эле Марс баш ийкеп туура түшүнгөнүн билдирди.

- Өзүңөр билгиле..

- Арадан жылдар өтсө ошентет балам, анын үстүнө сен да башка никеде болдуң.

Марс үн дебеди, ал азыр Салиманын толуп, баштагысынан да сулуу көрүнүп турганын, үстүндөгү кымбат баалуу, жарашыктуу кийимдерин көрүп тымызын кызганып алды: "Беш-алты жылдан бери жөн жүргөн эместир, балким ойнош күтүп алгандыр, мен оорукчан болсом, бул эми чыдаар бекен?" деп ойго берилип атты. Кечки тамактарын ичкенден кийин өздөрүнчө бөлмөгө Салима орун салып берди эле, ата-энеси жатып калышты, Ошол күнү Салима ары басып, бери басып жүрүп да: "Бүгүн сөзсүз чечишип алышым керек, убакытты созгондо болбойт, андан кийин эмне десе ошого жараша иш кылайын" деген туюмуна токтоду. Экөөнө орун салып жатмак болгондо Сагын:

- Ата, мен сенин койнуңа жатамбы? - деди босогодон аттабай туруп.

- Кел, келе гой, мени менен жатасың да, - Марс аны өзүнө чакырып алды. Сагын ошол замат кудуңдап келип Марстын жанына жатты да, тез эле уктап калды. Марс менен Салима бири-бирине коошпой эки четте үнсүз көпкө жатышты. Бир топтон кийин гана Марс:

- Салима, баланы биякка жылдырчы, - деди шыбырай. Салима Сагынды Марстын ары жагына жаткырып коюп өзү кыңкайганда аны кучактай улутунуп алды Марс, - Салима, мен сени абдан сагындым, сенчи?

- Мм…

- Айтчы Салима, сагындыңбы?

- Ийи..

- Эмне, бул үйгө кайрылып келгениңе өкүнүп жатасыңбы, Салима?

- Жок Марс, менин сени менен кеңеше турган ишим бар, айта турган сөзүм бар, сен уксаң айтайын… улуу кишилерди кайтара албай эле келе бердим.

- Айта бер, укпаганда… - Марс дароо ойлоно түштү: "демек бул бирөөнү тапкан экен, убара болбо, жашабайм дегени турат го" деген күдүк ой башын айлантып, жүрөгү зырп этип алды.

- Марс, мен… - Салима сөзүн эмнеден баштаарын билбей көпкө жатып анан болгонун болгондой айтып берди, - Ошол, мен минтип кайрылып келээриңди, сенин аялыңдын кетип калаарын кайдан билдим? Болгону сени унутайын, тоскоол болбоюн, деп ойлоп алаксууга аракет кылдым, - Салима ойлуу үн катпай калды.

Марс да унчукпады. Көптөн кийин гана:

- Салима, өткөн ишти козгобойлу, сен мени менен жашап жатып андайга барган жоксуң да, менин никемди булгабасаң болду, сен өзүңдү кыйнап көп ойлоно бербе, биз буйруса бактылуу болобуз, ал эми үйдү сатпай эле кой, сен ошондой сыйга татыктуу жансың жаным, эмеректериңди бир туугандарга таратып жибер да, үйдү бошотуп туруп бирөөнү киргизип кой, ал үй кереги тийет, - деди чечкиндүү.

- Ыраазымын Марс, бул ишти айтпасам, кийин бирөөдөн угуп калсаң ичиң тарып муздап калабы деп ойлодум, көңүл калуу өтө жаман. Сенин көңүлүңдү калтырып жүрөгүңдү муздатып алгыча өз жолум менен эле жүргөнүм артык да, туурабы?

- Асылзаадам менин, ушунун баарын ойлоп, таразалап чечим чыгарган акылманым.. - Экөө сагынычтары тарабай көпкө чейин кучакташа аймалашып жатты. Түн бир оокумдан кийин гана укташты.

Эртеси Акмат кемпири экөө кеңешип бир кой союп молдону чакырып, элдин, колу-коңшунун батасын алып, нике кыйдырышты. Салиманы көргөн тааныш коңшулары аны менен ысык учурашып, ак баталарын берип тарашты.

Бул жашоо билгенге кымбат, билбегенге өтөөр-кетээр дүнүйө демекчи, өмүрдүн кызыгы ушунда. Кайрылып очогунан от тутантып, бири-биринин кадырын сезип сыйлашууда. Марс да көп ойлонду, толгонду, толукшуп толуп, баралына келип, көргөндү суктандырган аялын ичинен кызганат. Бирок айласы жок, баягыдай жумуш иштемек турсун үйгө кирип чыккандан башкага жарабайт. Салима анын көзүнүн кареги менен тең айланып карап турат. Сагын да Салимага көнүп, апалап жанынан чыкпай калды. Бала эмеспи, таза жуунтуп, кийимин кирдетпей, кардын ачырбай үйрүлүп түшүп турган аялдын өз энеси же өгөй энеси экени ага баары бир эле, кайдан билди ал, өгөй менен өздүн айрымасын. Торсолоңдоп кечке ойноп, кечинде жатаары менен уйкуга кетет. Салима бир жумадай болгондо машинасын коңшусунун баласына айдатып алып Орто Сайга жөнөштү, жанына Марс менен Сагынды да алып алды. Гүланда менен Кайрат да аларды күтүп жаткан экен. Ошол эле күнү аларга эмеректеринин каалаганын алып кетүүгө уруксат бергенде алар абдан сүйүнүштү да, дароо эле такси алып келип жүктөп кетишти. Калганын эжеси менен агасына, инисине да бөлүштүрүп коюп:

- Биздин Сагынтайга да бирин бербесек болбойт, экөөбүз калганын көчүрүп кетебиз ээ? - деп Салима баланы караганда ал мулуңдай:

- Ооба да, - деп койду. Марс үйдүн абдан жакшы салынганын көрүп: "Аттиң, Салима абдан бактылуу болмок экен, эгер ал тирүү болсо мага кайдан бармак" деп ойлоп алды. Баарынан да Салиманын келиши Марияга жакшы болду. Кубанычы койнуна батпай, алып кетчү буюмдарын бууп-түйүп жүрөт. Салима Ортосай базарынын жанынан жүк ташуучу машина жалдап келди да, калган эмерек, муздаткычтарын өзү жүктөтүп алып кетти. Арадан дагы бир жума өтүп эже жездеси, агасы машина айдатып келип, Салиманын бергендерин алып кетишти эле, үй ээн калды. Аны кулпулап коюп Гүландага карады:

- Эми бул үйгө ылайыктуу киши киргизип, өзүң көзөмөлдөп тур, - деп өзү үйүнө кетти. Мария ал үйгө келгенден кийин ого бетер жоопкерчиликтүү болуп, жаны тынбайт. Аны көргөндө Марс адегенде өзүнчө тартынып жүрдү:

- Эже, сизди жумшап коюп Салима көнгөн экен, мен өз апамды жумшап жаткансып уялып атам, - деди.

- Эмнеге балам, мен Салиманы өз кызымдай көрөм, анын үстүнө өзүм да тынч отура албайм, жөн отургуча кыбыраганым жакшы да.

- Ошентсе да…

- Бу шаарыңда эч эрөөнү жок экен, анткени колунда бары деле, жумуш иштегени деле кызматчы жалдайт экен.

Салима сырттан кирип келип эле:

- Эжемди күйөөгө берем жакында, - деди күлө.

- Кокуй кой айланайын, күйөөнү кой, ушу силердин ирегеңерде жүрүп өлсөм көөмп койорсуңар.

- Кой антпеңиз, али жаш элесиз эмне, алтымышка эки жылда чыгасыз, ага чейин мен сизди өзүмдүн тагама сатам! - Салима тамашалай күлүп калды.

- Койсоңчу Салима, эжемди чоочутпай, - Марс да күлүп калды.

- Койбой-этпей эле, апам эми келсе тагамды ээрчите келет, анан көрөсүз, жакса кетесиз, өзүм узатам, жакпаса каласыз.

- Ээ балдарым, эми күйөөгө кайдан тиймек элем, сага жолуктурган кудайга ыраазымын… - Мария андан кийин ойлуу отура берди. Ошол бойдон ар кими өздөрүнчө ойлонуп үйгө киришти. Мария өз жумушу менен алек. Салима болсо Сагынды эркелете алдына алып отуруп кино көрүп атты. Марс алардын жанында жанаша креслодо. Салима:

- Марс, мен машина айдаганга күбөлүк алып окуп албайынбы, жаңы машина алалы, тигил акчаны катып отурганда эмне? - деп калды.

- Күбөлүктү сатып алса деле болот, ал эми айдаганды мен үйрөтөм! - деди Марс ойлонбой эле.

- Макул атасы, анда эртеңден баштап Сагын экөөбүзгө үйрөт.

- Сөз жок үйрөтөм, - Марс телевизорду караган бойдон үн катты, - Баса, биз Кызгалдактарды унутуп коюппуз да, алар таарынат, телефон чалып чакырып койчу, бүгүн эле келип кетсин, тамак аш болсо бар, жетпегенин алып келе кой!

- Ай-ий чын эле, алар аябай таарынат го, кой чалып койоюн, - Салима ордунан туруп барып телефондун кулагын бурады:

- Алоо, алоо, бул Кызгалдак бекен?

- Ооба, сен кимсиң?

- Кандайсың досум, балдар чоңоюп жатышабы, чалыңдын дени таза жүрөбү?

- Аа-ай Салима, бул сенсиңби? Кандай ай, өзүң жакшысыңбы, биз жатабыз жакшы, баары жакшы.

- Курбум, бүгүн кечиндеби же азырбы тез келип калгыла, эгер эртеңкиге калсаң таарынам.

- Кайда, Орто Сайгабы?

- Жо-ок, Щербакова 73 кө!

- Оо-ой, сен эмне деп жатасың. Марстын үйү беле?

- Ошол, ал менин дагы үйүм экенин унуттуңбу, курбум?

- Кечирчи Салима, азыр, азыр эле жетип барабыз, - Кызгалдак шашкалактап калды, - Биз азыр, тез эле…

- Макул анда күтөбүз, - Салима трубканы коюп ойлонуп калды: "Ой тобо-о, Кызгалдактын бул эмнеси, ал мени Марс менен кайра жарашпайт деп ойлогон го, же.." деп ичинен курбусуна таарынгандай болуп турду. Конок үйүнө дасторкон жайып үстүн жайнатып күтүп калышты. Бир кезде машина келип токтоп калганда Салима чыгып келип аларды тосуп алды:

- Келгиле, кандайсыздар? - Кызгалдак экөө өбүшүп учурашышты.

- Оо Салима, кандай, иштериң жакшыбы? - Макулбек аны бооруна кыса чекесинен өөп койду, - Качан келдиң, ден-соолук жайындабы?

- Баары жайында, ойдогудай, өзүңүздөр? - Үйгө кирип келгиче кобурашып ал-жай сурашып келишти. Аларды ички үйдөн чыгып Марс каршы алды:

- Ассалоому алейкум!

- Аллейкум салам, келиңиздер!

- Келип калдык, - Макулбектерди конок бөлмөсүнө алып кирди. Кызгалдактын колунан баласын ала койгон Салима өөп алып:

- Кызгалдак, уулуңарды көргөнгө келбегениме таарынбагыла ээ? - деди жадырап.

- Койчу Салима, аман-эсен чоңое берсе болду, көрөсүң да, андан көрө өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы досум, баары жакшы.

- Качан келдиң?

- Эки жумадай болду, телефон чалабы деп күтсөм такыр эле дайыныңар жок, анан чыдабай кетип өзүм чалдым. Баса, Марс айтканынан чала койдум.

- Балдар менен кол бошобой эле, өзүң көрүп турбайсыңбы, жаш аялмет болуп калдым, - Кызгалдак жылмайып койду, - Анан калса быйыл атабыз да илең-салаң болуп ооруп жүрөт, карып баратат окшойт, - күлүп калды.

- Ээ Кызгалдагым, менин картайганым качан, дагы сенин, балдарымдын деми менен моюн бербей жүрбөйүмбү, - Макулбек муңая карылыктын жетип келгенине өкүнгөндөй үн катты, - Мына булар гана мага кубат, билсең!

- Оорубаңыз, мына оору кары-жашты карабайт экен, элүүгө чыкпай минтип жарым жан болуп отурам, - Марс көңүлү чөгө аны карады.

- Ой, оой силерди тим койсо арманыңарды айтып киресиңер да, эч качан кейибегиле, биз турганда ооруну кеп кылбай күлүп турсаңар оору адашып кетсин, - Кызгалдак аларга карап тамашалай сүйлөдү.

- Ошону айтсаң, силер оорубагыла, курбум экөөбүз силер оорусаңар кошо ооруйбуз, - Салима аны коштой сүйлөдү, - Андан көрө келгиле, бүгүнкү жолугушканыбыз үчүн аз-аздан алып койолу, мынабу Индиядан келген шарап, атайын катып жүргөм, силерге насип экен.

- Ата-аңдын көрү, алса алып койолу, кана эмесе Марс, өзүң бирдеме деп кой! - Макулбек Марсты карады.

- Эмесе, баарыбызга ден-соолук, узун өмүр, үйбүлөдөгү ынтымакты каалайм, ошон үйүн алып койолу, - Марс көзүн жумуп алып ийип отуруп калды эле, калганы да стаканды көтөрүп бошотушту. Андан кийин Мария чай көтөрүп келди. Аңгыча Кызгалдак:

- Мына бул Германиядан келген, өткөндө кайынсиңдим Германияга барганда эки бөтөлкө алып келген, бирин Салима келип калабы деп катсам жок, бүгүн ала келгем, акыры насип экен, - деди, аны жылмая карап. Марс стакандарга куюп койгондо Салима алды, алдына жылдырды. Макулбек адегенде стаканды колуна алып:

- Кана анда достор! - деп тамашалай күлүп сөзүн улады, - Ушу экөөңөр эми такыр ажырабай түбөлүк бирге өмүр сүргүлө, уулуңардын урматын көрүп бактылуу чоң ата, чоң эне болуп сый-урматка жеткиле!

- Айтканыңыздар келсин, кудайдын кулагына жетип сөзсүз кабыл болсун, - Салима кубанычтуу бир карап алды да аны: "Ылайым ошентсек экен, "адамдын оозунда болсо, алланын кулагында болот" деген сөз чын болсо кабыл болсун" деп ойлонуп кетти. Ошентип көпкө бири-бирине жакшы сөздөрдү айтып, жакшылыктарды ыроолоп, көпкө аз-аздан татып коюп отурганда Мария тамакты алып келди. Салиманын ордунан жылбай кызматчы жалдап калганын көргөн Кызгалдак көрүп: "бул бир аябагандай байлык тапкан го, үйдүн жакшысын алып ичин жалаң чет элдик эмеректер менен толтуруптур эле, ошол үйүндөгү кызматчы аялды ала келиптир" деп ойлоп Салимага суктанып алды. Бир топтон кийин Макулбектер кетип, өздөрү калышты. Мария орун салып коюп, Сагынды ордуна жаткырып дасторкон жыйганга киришти. Ошол убакта ага жардамдашканы Салима келди. Каршы болгонуна карабай экөөлөп жыйнап анан өз бөлмөлөрүнө өтүштү.

- Макулбек баягыдан картая түшүптүр ээ? - Марс Салиманы карап калды.

- Ооба десең, ооруп жүргөн тура, балдары жаш, Кызгалдактын багына балдары чоңойгуча аман болсо экен.

- Ошону айтам, кыйын эле болот да ага, орто заар болуп же эрге тийе албай же балдарынан чыга албай кыйналат да.

- Жашап турсун эми, алтымыш тогузда экен, дагы өз курагынан өтө жаш көрүнөт, - Салима чечинип күйөөсүнүн жанына жата кетти, - Биз анын жашына барганда ким билет, такыр эле өбөктөп калабызбы?

- Ошо жашка жеткирсе жакшы, а мен жетпей калсамчы?

- Койчу Марс, андай жаман сөздү караңгыда айтпа да, ойлобо, балким токсонго-жүзгө чыгаарсың.

- Анчалык көп жашаганга жараша ден-соолугуң чың болуш керек, жарым жан кишиге узак жашоонун эмне кереги бар?

- Болду, көп сүйлөбөй эс ал, ар кимге карылык ар кандай келет, - Салима аны бекем кучактай жатып алды. Экөө тең унчукпай кучакташып бири-биринин демин тыңшап жатып уктап кетишти.

Марияга бул жер чындап эле көңүлсүз боло баштады. Мурда эки чыныны жууп коюп Салима менен кобурашып күн өткөрчү, эми ал күйөөсүнүн жанында, Сагынды ойнотот, Мария керээли кечке ашканада, анан да Марсты көргөнү тууган-уругу келет, жоро-жолдоштору куттуктап келип күндө элдин аягы тыйылбайт. Үч-төрт кишинин киргогун жуумай, кайра кечки тамак жасап бермей... Койчу, баары анын мойнунда. Бир күнү Салима ага боору оорудубу же жөн эле ошенттиби:

- Эже, кыйналган жоксузбу, мындан ары сизге көп эмес, айына миң сомдон берейин, эртеңден ары Марс менен чогуу кечке сыртта болобуз, мен сизди кантип капа кылайын, - деди.

- Салима, ошонуң кантип болсун, кудайга шүгүр, кардым ток, үстүм бүтүн, жаткан жерим жылуу, таза. Эмнеге, төлөбөй эле кой, мен сени көрүп турам го, иштебесең, кайын-журтуң жакшы экен, кут кылсын! - деди Мария кысына.

- Айтканыңыз келсин эже, ошентсе да көңүлүңүз көтөрүлөт да, кантсе да эмгек акы алып турсаңыз, - Салима күлүп койду.

Ошондон баштап ага аң-сезими менен караган Салима эртели-кеч өзү жардамдаша коюп жүрдү. Күндүз кечке машина аз жүргөн көчөдө ары-бери айдап Салимага айдоочулукту үйрөтө баштады Марс, туура бир ай дегенде Салиманы өзүнчө айдаганга үйрөтүп койду. Жол эрежесин үйрөнүп дагы бир ай өттү, акыры өзүнчө айдаганга ишенгенде гана барып айдоочулук күбөлүк алды. Арадан көп өтпөй өзү тандап машина алды. Марс эч нерсе дебеди: "Мейли, төрөбөдүм деген арманы унутулуп аз да болсо алаксып, эмнеси болсо да өзүм сүйгөн адамым кашымда жүрсө болду" деп ойлоду. Машинаны алгандан кийин алар уулун салып алып ата-энесиникине, эже-агаларыныкына барышты. Макулбек ушул тушта ооруп төшөктө эле, алардын үйүнө да келишти. Кызгалдак анын өзүнө энчилеп машина алганын көрүп кубанып килем жаап, баласынын колуна миң сом карматып, анан балдарын салып алып чогуу эки курбу рулга отуруп тоого жөнөштү. Макулбек да алар менен бирге баратат. Ал кээде өкүнчү болду: "Аттиң, өмүр деген сааттын жебесиндей чыкылдап өтүп кете берет тура, балдарым жаш, кокус болуп кетсем эмне болот? Өлбөгөндөй оокат бар, Кызгалдак тең көрүп бөлүштүрсө баарына жетет" деп ойлонуп, жан далбаска түшөт. Эми ушул жаштар менен того чыгып келүүнү каалады: "балким менин акыркы эс алуум чыгаар, эмне болсо да бирге болоюн", деп ичтен сызып, оорлошуп көңүлү чөгүп турса да билгизбей сыртынан күлүп-жайнап, көнгөн адатынча тамаша сүйлөп койот. Кызгалдак бул кезде толуп, өз тагдырына ыраазы болуп бактылуу эне, сүйүктүү жар болуп, алган жарынын көңүлүн көтөрүп жаркылдап турат. Көк майсан чөбү көйкөлгөн тоонун этегине жеткенде эки машина кубалашып келип токтоп калды. Марс дароо Шамбеттер менен бирге келип Зайна менен таанышканын эстеп алды: "Тандаган тазга жолугат деп, ошондо анын ата-энесинин кандай экенин билбей үйлөнүп алганымды кара" деп улутунуп алды. Аңгыча Кызгалдак:

- Алия, сен балдарды тигиндей суудан алыс ойното бер, жакшылап кара, - деп төшөк салып алдыларына ала келгендеринен коюп берди. Сагын алар менен чогуу ойноп кирди. Марс менен Макулбек көк шиберге жамбаштай отуруп пиводон ичип сүйлөшүп атышты, эки курбу сууга түшүп ысыганынан сергип алууга кетишкен.

- Марс, сен азыр врачтарга көрүнүп жатасыңбы?

- Жок, андан көрө массаж жасатсамбы деп атам, көпкө доктурда жүрүп укол-дарыны көргүм келбей калды.

- Аа-аа, оору айтып келбейт тура. Эчтеке эмес, дагы ушунча жакшы болуп калдың, бара-бара кадимкидей болуп кетесиң, - Макулбек ойлуу отуруп калды, - Мына мени айт, картайганда үйлөнүп балдарым жаш, бирдеме болуп кетсем чиедей балдар менен Кызгалдак кыйналаар бекен…

- Жо-ок андайды айтпаңыз, кудай ден-соолук берсин деңиз, жамандыкты эстебей жүрүңүз, - Марс эмне дээрин билбей шашып калды.

- Ээ балам, анан кантем, Кызгалдакка эчтеке айтпайм, мени айыкпайсың деди врач, менин ашказаным рак болуп өтүшүп кетиптир дейт, ал укса ыйлап-сыктайт. Ичкенимди кусуп атам, таза абага чыкканга кичине эс алып куспай калдым… - Макулбек "өх" деп алды. Марс үн дебеди, не демек, атасындай кишиге эмне деп акыл айтмак же сооротмок? Тек жерди карап үнсүз отуруп калды. Кызгалдак менен Салима бир топтон кийин суудан чыгып аларды көздөй келатты, ошондо Макулбек:

- Марс, Салимага деле айтпа, экөөбүз эле билели, аял немелер ичине сактай албайт, - деп аларды карап калды.

- Ийи жигиттер, отурасыңар кобурашып? Кандай экен келген жерибиз - кооз, бейиштин эле өзү бекен? - Кызгалдак аларга жадырай карап эки жагына көз жүгүртө суктанып, - Карасаңар, тээтиги тоонун башын, биз биякта ысып-күйүп атсак аерде мөңгү бар экен, жараткандын өзү кол менен жасап койгондой кооздугун кара! - деп ушул учурда тим эле эргип алыптыр.

- Ошону айтсаң. Марс, тетиги жерден бир булак көрдүм, бир башкача сезилди мага, ошол жерге барып жок дегенде буту-колуңарды жууп келгилечи, экөөңөр тең сакайып кетсеңер ажеп эмес, - Салима экөөнү карады, - Сиз дагы… - Макулбектин укпагандай мелтиреп отурганына таң калып аны карады, - Сиз дагы барып суусунан ууртап, жуунсаңыз тез сакайып кетесиз, - деди.

- Кайда-ан, ал булак жөнөкөй эле булактыр… - Макулбек кайдыгер үн катты. - Андан көрө атайын келгениңерге жараша бир аз ары-бери басып, балдарды ойнотуп көңүл ачкыла.

- Мейли, көңүлү келбесе кыйнабайлы, андан көрө өзүң жакшы сезип атасыңбы өзүңдү, куспадыңбы? - Кызгалдак отура калып Макулбектин чекесин басып көрүп анан Марска карады, - Таза аба, салкын жерде мындай басып келсеңер боло, отура бербей.

- Азыр, биз силерди карап отуруп сууга түшкүбүз келди, бирок ден-соолук начар, коркуп атабыз, эгер ооруп калсак, силер кыйналасыңар, - Марс күлүп койду, жүрөгүндө каткан сыр бардай.

Салима балдардын жанына барып:

- Кана садагаларым, көңүлдүү отурасыңарбы, - деп Сагындын ууртунан өөп анан Артисбекти көтөрүп ала койду, - Келгиле эмесе ойнойбуз, - баланы эки ууртунан өөп-өөп алып жерге түшүрдү да, - Азыр силер менин көзүмдү таңасыңар, мен силерди кармайм. Ким кармалып калса анын көзүн таңып биз качабыз, макулбу?

- Ма-акул! - дешти чоңураак үчөө.

Салима өзүнүн көзүн таңды да,

- Мен азыр силерди кармайм! - деп колун эки жакка суна жөнөгөндө балдар борсулдай күлүп качып кетишти, аңгыча Кызгалдак жетип:

- Күкүк, күкүк! Кана Салима, мени тапчы! - деп үн чыгарып улам, ал жакындаганда качып кетип атты. Аны туураган Алия менен Замир, Амир үчөө дагы "күкүк, күкүк" дешип каткыра жакындап келип, кайра качып черлери жазылгыча ойноп атты. Бир кезде Кызгалдак капысынан кармалган болуп ага шыбырады:

- Мына, мени карма, бир эле сен таппай атсаң балдарга көңүлсүз болуп калбасын.

- Оо-ой мына-мына, мен кимди кармадым? - Салима Кызгалдакты кармап алып көзүн чечти да, - Кызгалдак, сен ойной албайт экенсиң, карачы Алиялар бир карматпай койду, - деп күлүп калганда балдар да кубана каткырып кол чаап калышты.

- Апа сиз кармалып калдыңыз, көрдүңүзбү биз жеткирген жокпуз, - Замир кубанычтуу жетип келди.

- Эми сиздин көзүңүздү таңабызбы? - Алия апасын карап сурады.

- Ооба, эми апаңдын көзүн таңабыз, карматпагыла ээ? - Салима аларды карай жылмайды. Ошол кезде Марс менен Макулбек тээ төш таяна катарлаш басып жүргөн, бир убакта Макулбек көкүрөгүн баса отура калды:

- Ка-ап, келбей эле койсом болмок экен, көңүлүм айнып кускум келип атат.

- Эс алыңыз, көп басып койдук окшойт, - Марс аны колтугунан ала таш үстүнө отурууга жардамдашып бир колу менен сүйөй калды. Макулбек отуруп эңкейе калып окшуп-окшуп жиберди. Марс ылдыйта ойноп аткан аялдарын карай кол шилтеп калды. Алар бул жаңдоону көпкө чейин байкабады, балдар менен кубалашып ойноп атып Алиянын көзүн таңып качып жүрүшкөн. Салима төш тарапты карай калып Марстын кол булгап жатканын көрө койду да:

- Кызгалдак, мен тигилерге барайынчы, Марс чакырып жатат, - деп жөнөй бергенде ал дагы артынан басты. Алар келгенде Макулбек кусуп-кусуп бир аз эс ала түшкөн.

- Эмне болду, кустуңбу? - Кызгалдак чебелектей кетти, - Шамалдап калдың окшойт, жүрү ылдый түшөлү, ашказаныңа жакпай калды бейм?

- Ошондой болду го, этият кылыңыз эми, карачы кусканга өңүңүз кубарып кетиптир, - Салима да кабатырланып кейип калды, - Марс, сен да ооруп калып жүрбө, бас эми кетели, - Макулбекти Кызгалдак экөө сүйөй өйдө кылды да көк шиберди аралап жөнөштү. Балдар өздөрү да кызуу ойноп жаткан экен, алардын оюнун бузгулары келбей ала келген термостогу чайынан ысык сүт кошуп берди Макулбекке, анан төртөө тегеректеп отуруп алып тамактанышты. Кызгалдак менен Салима экөө винодон ичишти, Марс ичпей койду. Анткени ал намазга жыгылсамбы деп жүргөн эле. Макулбек ооругандан бери ичпей калган.

Алар күн кечтей баштаганда гана машиналарына отуруп үйлөрүнө жөнөй баштады. Канчалык өзүн карманган менен Макулбектин кыйналганы билинип турду, ал үйүнө келгиче үндөбөдү. Келип эле Кызгалдак врач чакырып көрсөттү эле, ооруканага жатууга кагаз жазып берди. Ошондон көп өтпөй Сопубек менен Айсара, карындашы, алардан кийин Калбүбү да келип үйгө толуп эле калды. Макулбектин ден-соолугу начарлап кеткенин угуп жетип келген бир туугандары улам бири барып көрүп турушту. Врачтар ага канчалаган укол сайып, дары берген менен эч жылыш болбоду. Айсара аны үйүнө чыгарып келди да:

- Сени өзүм карайм, мени менен барып бээнин сүтүн ичесиң, дары чөптүн баары тоодо, доктурларың акча алмайдын эле амалын кылат, - деди ага.

- Эже, чын эле бээнин сүтү жакшы деп мен да уктум эле, барса барып келсин, - Кызгалдак кайнежесин үмүттүү караганда ал:

- Сен дагы барасың, үйгө да чакыра элек элем, силерди эптеп алып кетейин, шылтоо менен Макем жакшы болуп кетет! - деп Айсара айтканда Кызгалдак:

- Эже.. мен беш бала менен кантип барам? Алия азыр жаштык кылат, болбосо таштап койот элем, - деди.

- Балдарга мен эмне башкача казан асат белем, бешөө эмес онуң болсоң да барасың, андан көрө камын, эртең эрте жолго чыгабыз, - деди Айсара өктөм.

Ошентип Макулбектин оорусуна карап эртеси эле Кеминди көздөй жол алышты. Алия тестиер кыз, он төрттөн он бешке карап калган. Эстүү, көп сүйлөбөгөн кыз болгон. Замир менен Амир деле окуп калганга эсине кирип калышкан. Эң тентеги Азизбек, Кызгалдакты тажатчу ошол. Артисбек азыр жаш, жаңыдан басып жүрөт. Ошентип бул чоң үй-бүлө Айсаранын үйүнө жетип келишти. Ал күнү аерде түнөп, эртеси эле жайлоого ат менен чыгууга туура келди. Макулбекти боз үйгө жылуулап жаткырып үч маал жылкыны саап келип эле жылуусу менен бир чыныдан сүт берип, анан ар кайсы чөптөрдөн күн батканда терип келип Айсара өзү кургатып анан кайнатып бал кошуп берип атты. Келгенине он күндөй болгондо бир аз куспай калды. Адеп келгенде Кызгалдак бээ саагандан коркуп жүрдү эле кийин көнө түштү. Алия кол арага жарап кол кабыш кыла койот. Туура бир ай дегенде Макулбектин ден-соолугу оңоло түшкөнү билинип өңү тазара түштү.

- Эже, - деди ал бир күнү, - Кызгалдакты үйгө жиберсем, балдар менен бара берсин, өзүң билесиң азыр ууру-кески көп, көз болбосо болбойт.

- Мейли, мага сен кымбатсың Маке, сен үйүңдү ойлоп жатасың, барса барсын, бүгүн бир козу соеюн да коноктоп энчилерин берип жөнөтөйүн, сен күзгө чейин биерде бол, ынак сүт менен ак талкандын жармасын, анан дары чөп ичирип жатам.

- Мейли эже, сенин табыптыгыңды билбепмин, өзүбүздө доктур турса башкага барганымды кара, - Макулбек күлүп калды.

- Билесиңби Маке, - Эже, агасы аны дайым ушинтип аташчу, - атам абдан кыл тамырчы болчу, болбой турган кишини карачу эмес, айыга турганын жан-алы калбай тоого чыгып не бир чөптөрдү күн баткандан кийин терип келчү да, көлөкөгө кургатып ушалап ар бирин ар башка баштыкка салып алып, ошондон кайнатып берип карачу. Бал дагы абдан жакшы дарычылык касиети бар. Негизи чөптү эртең менен эрте, кечинде күн батканда терсе сапаты жогору, дартты тез айыктырчу энергиясы күчтүү болот экен. Күндүзү күн нуруна алар дарылык касиети алсыз болуп калат дечү атам.

- Ошону үйрөнүп алганыңды кара, атамдын тамырчы, ооруларды көрүп жүргөнүн билем.

Кызгалдак сырттан кирип келгенде Айсара аны карай:

- Жайлоонун машакаттуу турмушунан тажадыңбы келиним, бизде ушундай, таң аткандан күн киргенче "айда, байла!" деп атып көз байланып иңир киргенде зорго көчүк басабыз.

- Жо-ок эже, эмнеге тажамак элем, тоонун жашоосу мага өзү жагат, - Кызгалдак кайнежесинен ийменгендей отуруп калды.

- Жайлоодогу жашоо керемет билгенге, билбегенге тозок, - Күлүп калды ал, - Кел бери отуруп чай ич айланайын, эртең силерди мен жөнөтүп, анан үйгө барып келейин, жаш келин эмне болуп атат, көрүп келбесем болбойт, - деген Айсара чай куюп келинине сунду. Ушул кезде ал инисине өмүрлүк жар болуп, бала төрө берип, ысык суугуна чыдаган жылдыздуу келинине ичи жылып турган.

***

Калбүбү Осмон Каримовичтин үйүнө келгенде машинадан түшүп жатып эле таңгалып калды: "Тобо-о, андан бери жети жылдан ашты, канча түш көрдүм, бир гана ошол түшүм эсимен кетпей койду. Болгондо да дал ушул үйдү көрбөдүм беле, кудуретиңден айланайын кудай, эми ушул жерден ырыс-бактымды тапсам экен, эчен, эчен азап тозокторду көрдүм, кандай гана асыл максаттарым, ой-кыялым бар эле, баары ташка тийип бырчалаган күзгүдөй өзүмдү унутуп салбадым беле, көрсө айдын он беши жарык, он беши караңгы деген чын тура" деп ойлонуп кеткенде Осмон Каримович аны жеңил гана колтуктан ала:

- Жүрү Калбүбү, үйдө бизди туугандар менен балдар күтүп жатат, - деп үйдү көздөй жетелей басты.

- Мм, балдар дейсизби? - Калбүбү уктап ойгонгон адамдай Осмон Каримовичти карады.

- Ооба, бизди күтүп калышты, - Алар үйгө кирип келгенде алдынан ак чачтуу сексенден ашып калган кары кемпир чыга калып:

- Токтой тур балам, кыргыздын ырымы менен киргизели келинди, - деп колундагы чыныга куюлган сууну экөөнүн башынан тегеретип сыртка төгүп; - балекеттин баары суу менен кошо кетип ак жалгасын, ылайым бак айтып, өмүр бою бири-бириңе жөлөк-таяк болуп жүргүлө, кана келиним, мынабы актан ооз тийип, анан үйгө кир! - деп дагы бир чыныга куюлган мелт калт сүттү биринчи Калбүбүгө карматты. Калбүбү андан эки-үч ууртап Осмонго берди, ал да ууртап апасына берди, - Аман болгула балдарым уул-кызыңарга мээримдүү болгула, - деген кемпир алардын артынан төркү бөлмөгө кирди. Алар үйгө киргенде үй ичи толтура адамдар эле. Ордуларынан тура калышып Осмонго урмат көрсөтө ар бири учурашып жатышты. Чакан той өткөрүп, тууган-туушканы, дос-жоросу таркагандан кийин Осмон менен Калбүбү бир үйдө жалгыз калышты. Осмондун улуу кызы гана кийинки апасын жактырбаганы билинип турду. Калбүбү ар биринин көз карашынан, мамилесинен эле байка койду: "Үй-жайы бөлөк, келсе сый көрүп кайра кетет, мага эмне демек эле" деп ойлогон Калбүбү аны ойлоп өзүн алаксыткан менен унута албады анын көз карашын. Жаштары өйдөлөп калган эки адам, бири аял, бири эркек, булардын жан дүйнөсү да эки башка эле…

Осмон өмүр бою кызматта иштеп, докторлугун жактап, өзүн Кыргызстандын экөөсүнүн бири сезчү. Калбүбү тескерисинче жүрөгү назик, адам аттууну бийик санап, бирөөнө жаман айтпаган, ак көңүл, пейли кенен, жаман-жакшыны, ачуу-таттууну таткан аял. Экөө тең жумушка кетет, кечинде маңдайлаша отуруп чай ичип кобурашып көпкө отурат. Булар бири-бирин аста гана көз кыйыгынан карап сынашчу болду. Айрыкча Осмондун мактана сүйлөп, дүйнөнү омкоруп койгонсуганы Калбүбүгө жакпай келет: "Картайган неме мактанып эмне кылат, эмгегин эл билип, өкмөт бааласын, баарын өзү бүтүрүп, элге бир чоң жумуш кылгандай сүйлөйт, наам алса өзү үчүн, иштесе үй-бүлөсү үчүн акысын алды" деп ичтен ойлонуп калат.

Бир күнү алардын үйүнө улуу баласы үч баласын таштап кетти. Калбүбү унчукпады, анын жумушка бараар убактысы болуп калган. Эң кичүүсү баса элек экен.

- Осмон, мен кечигип жатам, кете берейин, кечээ оорулууну бүгүн операция жасашым керек, - Калбүбү кийинип атып айтты.

- Макул Калбүбү, бара бер, балдарга мен көз болом, колуң бошоору менен келесиң да ээ?

- Ооба, жумуш бүтөөрү менен жөнөйм! - Калбүбү чыгып кетти.

Ал келгенде оорулууну операцияга даярдап жатышкан экен. Калбүбү чечинип халатын кийип атканда медсестра келип:

- Калбүбү Темирбековна, сиз бүгүнкү операцияга катышпайсызбы? - деп сурап калды.

- Эмнеге, катышмак турсун өзүм жасайм, - Калбүбү эч нерседен кабарсыз күлө бакты, медсестра ыңгайсыз абалда бирдеме айталбай күймөлө берди эле ал кайра ага бурулуп, - Сага эмне болду Рая, ким бирөө айттыбы, мени катышпайт деп? - Сырдуу тигилди анын көздөрүнө.

- Жок, жо-ок, бирок сизди операция жасай албайт деп Алмаз Ботобекович өзү жасаганы жатат.

- Мм де, ал мага караганда тажрыйбалуу да, демек мага ал ишенбейт экен да…

- Калбүбү Темирбековна, ал оорулуунун атасы кечээ күнү кечинде сизге берем деп бир кой алып келген экен, Алмаз Ботобекович көрүп калып ага сизди жамандап, анан өзү жасамак болуп жатат, - ал шыбырай босогону карады.

Калбүбү ойлуу терезеге келди, сыртта күн бүркөлүп кар сампарлап жаап турган.

- Да-аа, - деп алды ал, - демек бир аз нан табыш үчүн менин атымды жамандаган экен да, анын койду алганын өз көзүң менен көрдүңбү?

- Ооба эже, ал тургай телефонума тартып алгам!

- Азамат десе, - Калбүбү ойлонгондой кайра сестраны карады, - сен аны эмнеге тартып алдың, эмне зарылдыгы бар эле?

- Аа-аа, сизди жамандап жатканын угуп калып жиним келген.

- Рахмат Рая, мага жан тарткандар бар экен да анда! Да-а тим кой, жасаса жасасын, - деди да ордуна отуруп калды, - Сен бара бер, мында эле болом.

- Обход жасайбызбы?

- Он беш мүнөттөн кийин…

- Макул, - Сестра чыгып кетти. Калбүбү өзүнчө ойлуу: "Оорулуу жан далбас кылып, врачтардан үмүтү зор болуп, айыгып кетүү үчүн эч нерсени аябайт, бирок ошол арзыбаган нерсе үчүн бири-бирин жамандап, бири-биринен кызганып турган врачтан кантип үмүт этсе болот, ай адамдар ай!" жан дүйнөсү эзиле ойго батып көпкө отурду да тыңшагычын алып палаталарды кыдырып обход жасаганы кирди. Ал киргенде оорулуулар чоочуркагандай карап, мурда көрбөгөндөй кабыл алганы аны таң калтырды. Баарын көрүп жатып бирине кайрадан жаңы назначение жазып, бирине эки-үч күн эс алып кайра баштаарын эскертип, бир экөөнү жакшы болуп калгандыктан чыга берүүсүн айтып анан кабинетине келди: "Неге бүгүн оорулуулардын көз карашы такыр башка, менден чоочуркагандай карашат, биринчи көрүп аткандай?" деп ойлонуп отурганда Рая кирип:

- Калбүбү Темирбековна, сиз Алмаз Ботобековичке кирип айтпайсызбы, сиз билесиз бул жердеги оорулууну операция жасоону, ал бул жерге тиешеси жок, сиз чакырсаңыз анан келиш керек эле, оорулуу абдан оор, анын колунан келээр-келбеси күмөн! - деп чыйпылыктап жиберди.

- Оорулуунун кимиси бар? - Калбүбү аны карабай туруп сурады.

- Агасы менен ата-энеси жүрөт.

- Мага чакырып кой!

- Макул, - Рая чыгып кетип бир аздан кийин үч кишини ээрчитип кирди. Аларды отур дегендей ишаарат кылган Калбүбү бир топко тигиле карады да:

- Сиздер уулуңуздарды операция кылууга мага ишенбегениңер жөнүндө жана бир нерсе болсо жоопкер Алмаз Ботобекович деп кагаз жазып бергиле.

- Эмнеге?

- Анткени, Алмаз Ботобекович бул жерде иштебейт, анан бул операциянын жоопкерчилиги менин мойнумда.

- Оо-ой кокуй, анан эмнеге ал жасайм деп жатат? - Энеси чырылдап ийди, - Ага ишенгенде жакшы жасай албасачы?

- Кантип эле, ал өзүм жоопкермин дебедиби? - Агасы каштарын жыя түшүнбөгөндөй сурады.

- Алмаз Ботобекович мурда иштеген, азыр бизде эмес, экинчиден ал менден уруксаат сураш керек эле, менин отделениемде анын эч кандай жоопкерчилиги да жок. Мен башкы врачка кирип бул жөнүндө айтып, жазганыңарды көрсөтүшүм керек!

- Мен жазып берем! - деди атасы.

- Эң жакшы, - Калбүбү жылмая анын алдына кагаз-ручканы жылдырып койду. Алар кабинетте отурганда оозу-мурдун марли менен жапкан операционный ассистент жүгүрүп кирип келди:

- Калбүбү Темирбековна, оорулуунун абалы оор, сиз барбасаңыз болбойт. Алмаз Ботобекович чакырып жатат!

- Жоопкерчиликти өзү мойнуна алса, мени кабак-кашына илбесе, эми менин жардамым керек бекен?

- Сизден суранып жатат, бир аз кечиксеңиз…

- Кокуй күн ай, кайдагы доктурду алып келдиң эле, эми эмне болот, - оорулуунун апасы күйөөсүн карады.

- Кызым, ал өзү жасайм дебеди беле? - эми жазганы турган кагазын жылдырып сестраны суроолуу карады.

- Балаңыздын оорусу абдан серьезный экен.

- Жазып коюңуз, мен барып көрөйүн, - Калбүбү шаша чыгып кетти.

Оорулуунун өтүн алуу керек эле, аны жарып алып Алмаз Ботобекович шаштысы кетип жаткан, Калбүбүнү көрүп эле:

- Калбүбү Темирбековна, мени кечириңиз, жардам бербесеңиз болбойт, - деп аны карап жалдырап жиберди.

- Ошон үчүн акча менен эмес, мээ менен окуш керек эле… - Калбүбү ага карабай оорулуунун жүрөгүнүн согушун карап, тамырын кармап көрдү да, - Келе скальпелди бер, жарыкты чоңойт! - деп өзү кирише баштады.

Алмаз Ботобекович Калбүбүнүн ары жагына бир, бери жагына бир чыгып чыйпылыктап жатты. Ачып алып жаап коюуга да даабады.

- Кечиресиз Темирбековна, оорусу өтүшүп баратыптыр, өт жарылаарына аз эле калган экен, ача электе жарылса жаман болмок, - деп сүйлөп жатты. Эки саат бою оорулуу менен алышкан Калбүбү кара терге түшүп операцияны бүтүп, тигип болуп анан:

- Адамдын өмүрүн кайдыгерликке салган болбойт, кеңешпей иш кылбай жүр, акча тапкың келсе бизнес кыл! - Калбүбү оорулуунун абалын текшерип ага толук адам болооруна ишенгенден кийин гана палатадан чыкты. Оорулуунун туугандары босогодон жарданып тосуп алышты.

- Доктор, кандай, операция жакшыбы, абалы кандай?

- Деги аман калчудайбы? - апасы ыйлап алган, - Олда-а кагылайыным ай, кайдагы дарт жабышты эле деги?

- Баары жайында, балаңыздын абалы жакшы, коркпоңуздар, азыр наркоздон тура элек, бириңер калып, калгандар бара берсеңер болот!

- Оозуңа май айланайын, колуңа дарт жолобосун, аман бол! - Атасы да алкап эми эшиктен чыгып келаткан Алмаз Ботобековичти утурлады; - Сен акмак бала турбайсыңбы, дагы бизге Калбүбү Темирбековнаны жамандап койот, ок уяты жок десе, билбесең балакетиңе доктур болуп жүрөсүңбү?!

- Кечирип коюңуз ата, көп эле операция жасадым эле, бул өтө оор экен, жарылып кетиптир, - деп тайсалдап ары басып кетти. Калбүбү кабинетине келип чарчаганга отургучка шалак эте отурду. Ошол кезде стол үстүндө тигилердин жазган түшүнүгү турган, аны окуп кирди. Аңгыча Алмаз Ботобекович кабинетке кирип:

- Калбүбү Темирбековна, менин катачылыгымды кечирип коюңуз, башкы врачка билгизбей эле коюңуз, - деди.

- Мен эмес, оорулуунун ата-энеси киребиз деп жатат. Өзүң ойлочу Алмаз, бул кылганың мени басынтып кордогонуңбу же өзүңдү түрмөдөн көргүң келип атабы?

- Жок-жок, Калбүбү Темирбековна, мен негизи эле өткөн жумада жумушка арыз жазып кирип койгомун, кол коюлган, анан жумушум чыгып келе албай жаткам.

- Арыз жазып, кирип алып эле иштебей жүрүп бирдеме чыга турган болсо жүгүрүп келмей адатың барбы? Ал адамдын тагдырын, операция ийгиликтүү өтөбү же өтпөйбү аны ойлобойсуңбу, Алмаз Ботобекович?

- Эми-и эже, ошол алган койду сизге алып барып берейинчи, ансыз да ошону айтайын дегемин, кечинде үйүңүзгө өтөм, - Алмаз Ботобекович шарт чыгып кетти. Калбүбү ойлуу отуруп калды: "Ким билет, башкы дарыгер өзү айткандыр, жөн эле ооруканага кирип келүүгө даабайт эле. Мен айткан күндө да баарын тууралап коюшаар" деген ойдо оорулуунун жазган түшүнүк катын жан чөнтөгүнө салып бекитип алды да, шуу дедирип үшкүрүп алды. Оорулуулардын көз карашынын бузулганынын себеби: "Калбүбү Темирбековна тажрыйбасы жок врач, анын иштегенине эки эле жыл болду" деп айтып атканын бири угуп экинчисине айтып андан кооптонуп калышкан экен. Ал тургай: "Окуусун бүтө электе киши өлтүрүп түрмөгө отурган аял" деген сөз тараптыр. Аны уккан Калбүбү башы ооруп жумуш аяктагыча зорго чыдады. Кечинде келсе үйүндө Осмондун кызы келип алып: сүйлөшүп жатканын угуп туруп калды. "Өз энебиз болсо ушуларды карап отурмак, төрөбөгөн аял баланын кадырын билмек беле?" деп калды кызы. "Кызым, төрөбөгөн аял болсо да алдым, эгер төрөгөн аял алсам балдары менен батышпайт элеңер, ошону ойлодуңбу?" "Аял албай эле койсоңуз болбойт беле, апамдын кармаган буюмдарын ушул аял урунганын ыраа көрбөйм" "Эмне, жалгыз тамда соксоюп өлүмдү күтүп жата бер дегени турасыңбы?" "Ушу жашыңызда аял алганыңыз туура болгон жок, апам болгондо күйөөгө тийбей биздин балдарыбызды багып отурмак". "Кой балам, мени кыйнабагыла, аз калган жашоомдо тынчыраак жашайын!" деген Осмон ордунан туруп сыртка чыгып келатканда Калбүбү жаңы эле келаткандай болуп кирип калды.

- Аа-аа келдиңби? - Осмон капа болгон түрү бар.

- Ооба, келдим, - Калбүбү ички үйгө кирип сырткы кийимдерин чечип кийим илгичке илди да ашкана тарапка басты.

- Жумуштан келдиңизби? - Осмондун кызы Наргиза аны калп күлө сурап койду, - Бүгүн үйдө караар киши жок балдарды алып келип койсом атам жакшы карай албаптыр.

- Атаң карыган киши да, Наргиза, анан да эркек киши баланы карай албайт, мен болсо жумуштамын, - деп эч нерсе билбегендей газга чай коюп стол үстүндөгү жуулбаган идиштерди раковинага салып жууй баштады.

Атасын кекетип-мокотуп жатып Наргиза балдарын ээрчитип ошол бойдон үйгө кирбей кетип калды: "Аттиң, бекер кылган экемин, күйөөнү коюп өзүм менен өзүм болсом болмок экен, жараткан ай, неге эле кыйчалыш тагдырдын кырларында гана чалынып жүрүп жашоого жаралдым, эми мындан аркысы дурус болоор десем бул жерде да тоскоолдук пайда болду, деги көрөөр күнүм канча, жакшы күндөрдү көрөмбү же жүрөгүм сыздап жүрүп өтөмбү?" деп колу жумушта болсо да башын зыңгыраткан санаа жеп жатты. Оо бир топтон кийин Осмон кирди:

- Кандай Калбүбү, иштериң жакшыбы?

- Жакшы.

- Операция жасадыңбы?

- Ооба.

- Ойдогудайбы анан?

- Баары жайында.

- Азамат, ишиңди жакшы алып баратасың, азыр жаңы бүткөн жаштарга ишенбе, башында өзүң болушуң керек, анткени сен дилиңди коюп окугансың, алар акча менен дипломду чөнтөккө салып алып мансап күткүлөрү келишет.

- Билем.

- Билсең ошол, ишиңе так бол, өз жумушуңдан мурун оорулууга көңүл бөл, адам өмүрү менен күрөшүп аткан соң өз ишиңдин ийгилигин гана ойлошуң керек.

- Рахмат, "жакшы сөз жан эритет" деген, кызың эмне деди?

- Ой ал "балдарымды жакшы карабаптырсың" дейт, абдан ээнбаш экен үчөө тең, "жөн отур" дегенди укпайт, тамак берсем ичпей сыртка чыгып суу менен ойношот. "Экинчи алып келбе" дедим.

- Эми мен алардын балдарын багуу үчүн жумуштан чыгып алсам болбойт го, анын үстүнө жаңы эле иштесем…

- Жо-ок Калбүбү, сен иштей бер, өз балдарын өзү багышсын, алып келсе чоңураак бирөөсүн ала келсе карап турат, сен иштей бер, такшалышың керек, окуп алып ошонун үзүрүн көрбөсөң кантип болсун, мени айтса болот, колдон келгиче иштедим, ак эмгегимди жалаң медицинага арнадым, ушул балдарды чоңойтуп, окутуп-чокуттум.

- Бирок алардыкы да туура, кез-кезде келсе карай албай койсоң, мен дагы жумушта болуп… Наргиза капа болуп кетти го ээ?

- Боло берсин! - Осмон кызына жини келгендей төркү бөлмөгө кирип кетти.

Калбүбү тамак жасап, чайын кайнатып, эмеле чачылып турган ашкананы ирээтке келтирип койду. Андан кийин ошол жерде отура берди: "Эми эмне кылам, жумуштан чыгып башка менчик ооруканага кетип калсамбы" деп да ойлонуп кетти. Бирок ал канча жылдар бою эңсеп келген максатына жеткенине ыраазы боло жылмайып алды: "Айтса айткан чыгаар, түрмө көргөнүм жалган беле? Ишиме так болуп, оорунун диагнозун билсем болду, бирөөлөргө өчөшүп жумушсуз калмак белем? Жетишет, пайдасыз өткөн жаштык күндөрүмдүн эсесин чыгарып иштешим керек, ыраазымын Осмонго, менин таламымды талашып атыптыр". Аркы үйдөн чыга келген Осмон стулда уктап аткан Калбүбүнү көрүп: "байкушум ай, чарчаган экен, ойготпой эле койоюн" деп ойлоп кайра бөлмөсүнө кирип кетти. Ойлонуп жатып уктап калган Калбүбү башын көтөрүп тамактын боркулдап жатканын көрүп тура калды: "көпкө уктадымбы, тамак бышса эртерээк жатып эс алайын" деген ойдо өйдө болду эле, телефон чыр этип калды. Турбканы ала коюп эле:

- Ало, ало, ало-о, - деп шашкан аялдын үнүн угуп:

- Угуп жатам.

- Калбүбү Темирбековна, бүгүн операция болгон оорулуу кыйналып жатат, келе аласызбы?

- Дежурный врач жокпу?

- Күзөттөгү врачтын туугандары каза болуп келбей калды.

- Азыр барам, - Калбүбү шашыла ордунан туруп Осмонго кирди: - Мен кетип атам, тамагыңды даярдап койдум.

- Эми такси менен барасыңбы?

- Анан эмне кылам, такси менен барбасам кечигип калам да.

- Кое тур, мен кошо барайын, бир аз күтүп чогуу келебиз, өзүбүздүн машина менен баралы, - Осмон Каримович кийине калып сыртка чыкта да машинасын от алдырып Калбүбүнү жанына отургузуп жөнөп кетишти. Жетип эле шашыла кирип кабинеттен халатын кийип оорулуунун үстүнө кирди.

- Кандай, кан басымы көтөрүлүп жатабы? - деди алдынан чыккан сестрадан сурап.

- Жөөлүп, ысытмасы кыркка жетип жатат.

- Көрөбүз, уколдоруңду даярда!

- Азыр эле укол сайдым, - Артынан баратып жооп берди.

Оорулуу Авазбек Курманов деген отуз экидеги жигит, температурасы көтөрүлүп чыдай албай жаткан экен. Калбүбү "өх" деп эс ала түштү, анткени өзү операция кылган адам башка эле, бул кечээ түнкү врач жасаган оорулуу экен. Медсестра аны алмаштырып калган тура. Жанына отуруп тамырын кармап көрүп, чекесине колун койо көпкө отурду: "Ичинде бир нерсе бар, неге мынча кайдыгер карашат, кайрадан операция жасаш керек" деп ойлоп ордунан турду. Медсестра анын буйрук беришин күтүп жанында. Анан палатадан үндөбөй чыгып күндүзгү өзү жасаган оорулууга кирип көрүп коюуну ойлоп анын кайсы палатага которулганын билсе да жай басып палатадагыларды бир сыйра карап көрүп абалдарын сурап чыкты. Болотбек Капаровдун палатасына кирип барып анын ойгоо жатканын көрдү да жылмая жанына отурду.

- Кандай жигит, абалың жакшыбы?

- Жакшы эже, - оорулуу саал жылмайган болуп жооп берди.

- Температураң жокпу?

- Жок.

- Жакшы, эмне ичип жатасың?

- Азырынча кайнак суу эле берип атат.

- Ошол жакшы, сакайып алсаң, анан тамакты каалагандай иче бересиң.

- Мм, - деп тим болду ал.

- Анда жакшы эс ал, - Калбүбү ордунан туруп палатадан көңүлү жайлана чыкты. Анан сестраларды кабинетине чакырды да, - Оорулуунун абалы өтө оор, демек кайрадан ичин ачышыбыз керек, ичине бир нерсе калып калган, - деди, - Тезирээк операционный бөлмөнү даярдагыла!

- Жарайт, Калбүбү Темирбековна, - сестралар чыгып кетишти. Бир аздан кийин Калбүбү оорулуунун ичин ачса ичегинин ичиндегилери карайып бараткан экен, оодарып караса пинцет кала бериптир. Аны көргөн сестралардын көзү чакчайып кетти. Калбүбү кара терге түшүп кайрадан тигип бүтүп, ооруну ордуна жаткырып коюп жанында көпкө отурду. Анан ордунан туруп: "Осмонду кете бер дейин, көзүн ачканча жанында болушум керек" деп сыртка карай жөнөгөндө алдынан Осмон чыга калды:

- Кеттикпи?

- Кайдан, оорулууну караш керек, күзөттөгү доктор жок экен, жок дегенде бир жарым сааттай жанында болушум керек.

- Ой тынчы жок врач экенсиң да, жоопкерчиликти өз мойнуңа жүктөп аласың.. Ойгонсо сестралар деле карап турат да.

- Сиз ушуну айтсаңыз, башкалары не кылат, адамзаада болуп туруп айбан жасабаган ишти кылышат.

- Капа болбо Калбүбү, сен да чарчадың эки-үч саат эс алып албасаң болбойт.

- Эс ала берем, башкысы оорулуулар, жасаган операциям ойдогудай болсо болду, - Калбүбү ойлуу туруп калды.

- Мейли, дагы күтөм, кабинетке отура туралы, - Осмон Каримович коридорго кирип кабинетти көздөй басты. Экөө ээрчише кирип үнсүз отура кетишти. Бир кезде сестранын бири баш багып:

- Калбүбү Темирбековна, чай алып келейинби? - деди эле ал башын ийкеп койду.

- Минтип жүрсөң ооруп каласың, үйгө барып эчтеке ичпей кайра келдиң, - Осмон кабатырлана айымын карап койду.

- Ишенсең кардымдын ачканы деле билинбейт, кыздар чай алып келип берет, кээде чогуу ичебиз.

- Калбүбү, "ак болом, так иштейм" дегендердин далайын көргөмүн, жашоонун өзү табышмак, алдамчы, баш кесер, эки жүздүү менен момундар бир эле катар жашай берет.

- Баш кесер, кара ниет, эки жүздүүлөр акыры өз жазасын алат, алсыздардын өлгөнү жатканы менен иши жок кайдыгер болуп калат да, колунда токочу барлардын тырмагынын түбү ооруса чарк көпөлөк айланып башкача абалда боло калышат, эх пенде, пенде…

Аңгыча сестра бир чайнек чай менен эки кружка, шекер алып келип коюп кайра чыгып кетти. Калбүбү эки кружкага чай куюп, экөө чай ичип отурушту.

- Анын эмнесин ойлоп кыйналасың, өтөр-кетер жалган дүйнөдө баары боло берет, андан көрө ысык чайдан ичип ал, - Осмон ушул учурда өзүнүн көпкүлөң кезинде жасаган бир оор операциясын эстеп кетти.

Анда союздун күчүндө болуп турган убагы. Жаңыдан иштеген жылдары тезинен операцияга деп жыйырма бештердеги кызды алып келишти. Эки врач жасап жаткан, экөөлөп жасап бүтүп жаткырып коюшту, ошол түнү оорулуу тынч албай жөөлүп укол куйса дагы болбой жатып үчүнчү күнү кете берди. Осмон коркконунан жумушунан чыгып кеткен. Ошондо ошол кыздын ата-энеси ыйлап-сыктап алып кетмек болгондо ичин ачып карашса ичинде ичегилердин арасында скальпель кала бергенин айтып, экспертизага берээрде сойгон врач атасынын күчү менен "оору өтүшүп кеткен" деген диагноз менен иш жабылып, аман калган. Азыр Калбүбүнүн сөзүнөн улам ошону көз алдына келтирип алды. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө Калбүбү барып караса мелтиреп уйкунун кучагында жатат оорулуу. "Жаны жай алганга уктап жаткан экен, эми эртең ойгонот" деп акырын чекесин басып көрсө температура жок нымшып калыптыр: "Кудай буйруса иш жайында" деди да кабинетке келип халатын чечип кийинди да:

- Кеттик, - деди Осмонду карай.

- Бошодуңбу?

- Бошмун, - кыска гана жооп берген Калбүбү алдыга түшүп ооруканадан чыгып машинага отурду, - Шаардын түнкү кооздугу кандай керемет, - деп койду шыбырай.

- Оо азыр кайдан, илгери биз студент кездеги сулуу шаардын бири жок, же жаш кезде ошондой сезилеби…

Түнкү Бишкектин Совет көчөсү менен зымырай кетип жатты. Түн, коюу караңгылык каптап турса да көчө боюндагы жаркыраган светтин жарыгы күндүзгүдөй кылып турат. Калбүбү өзүнчө эргип баратты: "Бир адамды өлүмдөн алып калдым, бул менин милдетим, адамдык парзым" деп эс алып үйлөрүнө жетип ысык тамак ичип жатып калышты.

Күндөн-күнгө оорулуулар анын балдарындай эле көрүнүп калды. Ошонун эртеси Калбүбүнү башкы врач чакырып калды. Жумуш ордуна жарым саат эрте келгендиктен оорулуулардын историясын текшерип түнү кимдер ооруп кандай укол алгандарын карап жаткан.

- Калбүбү Темирбековна, сизди Николай Артемович чакырып жатат, - деди ага баш баккан медсестра.

- Азыр барам, - Калбүбү ордунан туруп башкы врачтын кабинетине баш бакты, - Уруксаат бекен?

- Аа-аа келиңиз, Калбүбү Темирбековна, отуруңуз.

- Чакырткан экенсиз, - Өзүнөн кичүү болсо да кичипейилдик менен ага карады:

- Ооба, чакыртканмын, сиз эмне Алмаз Ботобековичтин ишине киришип анын операциясына кирдиңиз?

- Кандай? - Калбүбү түшүнбөгөндөй кайра сурады.

- Кечээги операцияны айтам, ал жигит бизде иштеген, өз ишин так аткарган билимдүү жигит, сиз аны оскорбление кылыпсыз.

- Менби? Балким ал өзүнүн алы жетпей калганда айласыз чакырып суранып жүрбөсүн?

- Ал түндө мага телефон чалды, "уят болдум, өзүн көрсөткүсү келип менин операциямды колумдан алып өзү жасады" дейт.

- Былжыраптыр… - Калбүбү ордунан кандай турганын сезбей калды. Дароо чыгып кетип медсестраны, катты алып келди да астына койду.

- Бул эмне? - Николай Артемович түшүнүк катты карап чыгып, - Муну мен түшүнбөдүм, кыргызча турбайбы, айтып бере аласызбы? - деди аны карап. Калбүбү кыскача айтып бергенде башын чайкап койду да медсестрага карады, - Менде жумушуң барбы?

- Кечиресиз Николай Артемович, Калбүбү Темирбековнаны өзү чакырткан, анткени туура эмес кесип алып оорулуу өлүм алдында жаткан, айласы кетип менин чакырып берүүмдү суранган.

- Да, да-аа, түшүнүктүү, бара берсеңиздер болот, - деп телефондун кулагын бурап кирди.

Калбүбүнүн адам баласынан дагы бир жолу көңүлү калды: "Жакшы жашоо, маяналуу жумушу бар интеллигент жаш адамдын кылаары ушул болсо… Жыргал турмушта жашагандарга караганда "бомж" деп аталган чөйрөнүн бири-бирине жасаган мамилеси адамча болот тура, адамгерчилик, ае сезим ошолордо болот экен" деп көпкө кабинетинде отура берди. Бир туруп арыз жазып жумуштан чыгып кеткиси келди, бирок оорукана экинчи үйүндөй болуп көрүнүп туруп алды. Ошол кезде Болотбек Капаровдун ата-энеси кирип келип Калбүбүгө ыраазычылыктарын билдирип:

- Айланайын кызым, ыраазыбыз сага, кудай астында уулубузду көз көрүнөө өлүмдөн алып калдың.

- Биз сенин ишиңерге ийгилик каалайбыз, - деп атасы анын алдына кагазга оролгон нерсени койду да, - кайтарба кызым, сен болбосоң балам кандай болот эле, белгисиз, - деп ээрчише чыгып кетти. Калбүбү үнсүз, эмне болуп кеткенине көзү жетпей отуруп калды. Кагазды ачып да көрбөдү. Ошол учурда катуу оорулууну алып киришти. Орто жашаган аял онтоп турат.

- Каериңиз ооруйт? - Калбүбү направлениени окуп отуруп сурады.

- Аппендицит дейт кызым, үчүнчү жолу кармаганы ушул, - деди аял онтоп сүйлөй.

- Кана жатыңызчы, - Калбүбү кушеткага жаткан аялды карап көрүп аппендицит эмес экенин билди, - Жоон ичегиңизге суук тийген, азыр палатага жаткырабыз, карап көрөбүз, эгер аппендицит болбосо башка отделениеге которобуз.

- Жарылып кетсе эмне болот, аппендицит дебеди беле? - Тигил аял чоочулай сурады.

- Жок, андай эмес, катуу суук тийген, эч кабатыр болбоңуз, жөн эле сизди операция жасап койсок болбойт, - деп жылмая жумшак айтып, түшүндүрдү да, коридорго чыгып медсестрага дайындады, - бул кишини он тогузунчу палатага жаткырып анан историясын жазып кел!

- Жарайт Калбүбү Темирбековна, - Сестра оорулууну ары көздөй ээрчитип кетип кайра келди.

- Укол-дарыны жазып койдум, азыр түшкү укол менен дарысын берип кой.

- Жарайт.

Калбүбү анын артынан көпкө карап калды. Кайрадан алдындагы оорулуунун картасын карап отуруп анан жаап койду: "Ак Бермет дейби, балким ал эместир, канча жыл өттү, он жылдан ашыптыр, кай жерлик экенин сурап көрөйүн" деген ойдо азыркы жаңы келген аялдын палатасына баш бакты. Кирип ойлуу аны көз токтото көпкө карады, улгайган, ак жуумал аял.

- Каерден келдиңиз эже?

- Жети-Өгүздөн болом.

- Аа-аа, жолдошуңуздун аты ким эле?

- Ал үч жыл мурун өтүп кеткен, айланайын, аты Шамшы болчу.

- Жакшы анда, ооруган жериңиз басылайын дедиби?

- Бир аз…

- Эч нерсе эмес, жакшы болуп кетесиз, канча күн болду?

- Бир жума болду, суук тийдиби деп өзүм үйдөн билгенимдей дарыланып атып көбөйтүп алдым.

- Тынч, жылуу жатыңыз, эртең менен узиге түшүрүп көрөбүз, сиздики аппендицит эмес, коркпоңуз, колдон келишинче карайбыз.

- Мейли айланайын, өзүм деле ойлогом, бирок чыдатпай ооруганынан доктурга барсам коркутпадыбы.

- Сиз өзүнчө дарыланам деп, чөп-дарыңыздын ичинен туура эмесин ичип алыпсыз.

Оорулуу аял ойлуу үндөбөй жатып калды. Калбүбү чыгып кетти: "Кызык, элди дарылаган адам өзүнө дарыны туура эмес даярдап алган го, же кокусунан кошулуп кеткен" деп ойлуу саатты караса жумуш күнү аяктап калган экен. Көпкө ойлуу отура берди. Анан ордунан туруп кийинди да жолго чыкты. Бат эле унаа менен жетип алды. Ал келсе Осмон үйдө экен.

- Келдиңби, Калбүбү.

- Келдим, - Ал үстүнкү кийимин чечип ашканага кирсе тамак даяр экен, жылмайып алды, - повурлукту да жакшы өздөштүргөнсүзбү дейм? - Осмонду карап мээримдүү жылмайып койду.

- Жаш колуктум чарчап келип кайрадан ашканада убараланбасын дебедимби.

- Рахмат, көңүлүмдү көтөрүп койдуң, - деп келип Осмонду өөп, - Урматтуум менин.

- Оо-оо, дал ушинтип турсаң, көңүл эргип, жан дүйнөм жаш жигиттей бир кырк жыл артка кайрылып калайын.

- Этиет бол эми, карыган чалдардын баары артына жашап алса жаштар эмне болот? Карынын карыдай эле болгону жакшы.

- Ой менен жашарганга да болбойбу?

- Ма-акул эми, санааң менен болсо да жашарып ал, кел эми тамактаналы. - Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп кеч жатышты.

Осмон жетимишке жакындап калгандыктан негедир аялга кээ-кээде гана жарачу. Калбүбү анын мындай абалына түшүнгөн менен аялдык сезим аны тим жаткырбай эңсөөнү пайда кылат. Сылап сыйпап, эркелеткени менен экөө жөн гана кучакташып жатып уктап кетишти. Кайрадан тирүүчүлүктүн ак таңы атып, жан-жаныбар кыбырап тамак издеп, адам баласы өлбөстүктүн күнүн өткөрүү үчүн жашоого умтулгандай. Көпчүлүк катары эле Калбүбү дагы экинчи үйү болгон оорукананы көздөй жөнөдү. Ооруканага кире бергенде алды жагынан Авазбек чыга калды.

- Саламатсызбы, Калбүбү Темирбековна,

- Саламатчылык, кандай ден-соолук, жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы эжеке, жакшымын.

- Жакында чыгасың, тез-тез перевязка жасатып турсаң жараат бат эле бүтөт, - Калбүбү кабинетин көздөй басып кетип атып артына бурулса өзүн узата карап Авазбек дале турган экен. Кабинетке кирип баратып кайра караса дагы эле турат, өзүнчө жылмайып кирип кетти. Жарым сааттан кийин обход жасап көрүп, оорулуулардын сакайганын үйүнө кетүүгө уруксат берип алардан ыраазычылык угуп алар менен кошо кубанып турду. Ал палатага киргенде Аваз эңкейе басып жүргөн экен, врачты көрө ордуна жатып калды.

- Та-ак кана Аваз, жүгүрүп калыпсың, эки күндөн кийин сени үйүңө чыгарам, - деп анын ичин көрүп анан калган ооруларды көрүп жатканда Аваз аны көз албай карай берди. Калбүбү баарын байкап туруп анан чыгып кетти. Авазбектин көздөрү анын көз алдынан кетпей туруп алды: "Неге мынчалык тигилет, жаш бала, аялы бала-чакасы бардыр" деп ойлоп өз ишине киришти. Кечээ келген аялды текшерип көрсө айткандай эле он эки эли ичегисине суук тийип жараланып баратыптыр, аны инфекционныйга котормок болду. Сиңдиси экөө врачты күтүп турган экен. Калбүбүнүн келатканын байкабай экөө сүйлөшүп жатты:

- Билбейм, ушул врачты кайдан көргөнүмдү, көздөрү, сүйлөгөнү баары мага тааныштай, кайдан көргөнүмдү эстей албай койдум.

- Адам адамга окшошо берет, бирөөгө окшоштуруп жатсаңыз керек, - сиңдиси ага кайдыгер унчукту.

- Жо-ок, мен бир кезде көргөндөймүн, - ойлуу отуруп анан, - Бирок анын мындай абалга жетиши мүмкүн эмес эле…

- Эмне болгон эле?

- Биле албай башым маң, - Калбүбү жанынан өткөндө унчукпай калышты.

- Калбүбү Темирбековна, направление бересизби?

- Жүрүңүз! - Калбүбү кабинетине киргенде артынан Акбермет кирди, - жакшы болуп калдыңызбы, өзүңүздүн дарыларыңыз менен уулантып алгансыз, эгер менин тилимди алсаңыз инфекционныйга бир жума жатыңыз, мен сизден кабар алып турам, дайындап койом, - Ойлуу аны карады, - жакшылыкка жакшылык кылышым керек…

- Албай анан, азыр баягыдай болуп оорубай калды.

- Ошентиңиз анда, мынабу кагазды алып барсаңыз жаткырат.

- Рахмат айланайын, мен барайын.

- Жакшы барыңыз, - Артынан бир топко карап калды: "Анда жаш, толук эле, картайыптыр, менин адамгерчилик кылып жооп берүүгө акым бар, мен үчүн парз, бул дүйнөдө көп азап тартып, ошону менен катар адамдардан жакшылык көрдүм, колуман келсе жардам берип жакшылыгына жооп кайтарышым керек".

Күнү кечке жаңы оорулууларды кабыл алып, ар бирине укол, дарыларды дайындап, кечинде дагы бир шашылыш операцияга камынып түнкү экилерде зорго бүттү. Жапжаш кыздын боорунда эхинококк бар экен. Ошону жасады. Ал күнү Осмонго телефон чалып койду. Абыдан чарчаганга отурган жеринде уктап калыптыр. Эртең менен көзүн ачса таң атып калыптыр, ордунан шаша туруп бети-колун жууду да келатып кийинип түндөгү операция жасаган оорулуу кызды көрүүгө жөнөдү. Кыз көзүн ачып калыптыр. Жанына отуруп тамырын кармап көрүп анан чыгып кетти. Бир аздан кийин ага жаңы укол-дарыларды жазып берди. Он сегиздеги кыз, оорлошуп кыйналып жатты. Укол куйгандан кийин уктап кетти: "Эми жакшы болуп калат, оор болду, убагында келген экен" деп ойлоп койду. Ал күнү жумуштан чыгаарда Осмон келип калды. Жумуш күнү бүткөндөн кийин үйгө кетти. Калбүбүнүн турмушунда дагы бир бурулуш болгону турган, аны ал сезбеди. Ал үчүн баары бүтүп, бар дүйнөсү оорулууларды кароо болуп калган эле. Ошол күнү ал жумушуна келип жаңы эле отурганда артынан эшик ачылып медсестра гүл көтөрүнүп кирди:

- Бул сизге Калбүбү Темирбековна, чыгып бараткан оорулуу адам сизге берип коюшумду өтүндү.

- Ким?

- Авазбек Курманов.

- Аа-аа, рахмат айтып кой, бүгүн чыгат эмеспи, - деп жылмая аны узатып коюп Авазбектин көз карашын, өзүнө тигилип турганын эстеди: "Качандыр бир кезде жолуккандаймын, тааныш көз караштар, кимге окшоштуруп жатам" деп түйшөлүп отуруп анан палаталарды кыдырып жөнөдү. Авазбек кийинип даяр турган экен. Калбүбүнү көрүп эле:

- Калбүбү Темирбековна, сизге абдан ыраазымын, өлгөн жанды тирилтип ылайым жапжаш бойдон жүрө бериңиз, кайрылып бир келем! - деди, анан колун суна, - жакшы калыңыз!

- Жакшы бар, оорубай жүр! - Калбүбү да кол сунуп коштошуп турду, Авазбек анын колун катуу кысып палатадан чыгып кетти.

Калбүбү негедир бул жаш жигиттин кетиши менен жан дүйнөсү аңгырап бош калгандай сезди. Ал үйүнө келип, эч нерсеге көңүлсүнбөй санаанын кайыгында калкый берди. Анан бир нерсе эсине түшкөндөй кубана түштү! "Баса, Авазбек Тилегиме окшош тура! Ооба, Тилектин эле өзү… Кызык, адамга адам окшош болот тура, көздөрү, бой келбети баары өзү!" деп, кайрадан көңүлү кирдей түштү.

Калбүбүнүн ойун бузуп сырттан Осмон кирди:

- Ой сен кайда жүрөсүң, мен сенин жумушуңа барсам келбегениңди айтты.

- Суранып кеткем, жумуштарым чыгып калды.

- Аа-аа, мага айтып койсоң өзүм алып барбайт белем.

- Ойлонуп отуруп эле…

- Мейли байбиче, кел эми тамактаналы, жалгыз эчтеме иче албай сага баргам.

- Азыр, - Калбүбү ордунан туруп чечинди да халатын кийе салып ашканага карай басты. Даяр тамакты газга койо койду да экөө маңдай-тескей отуруп тамактанды. Осмон андан эч нерсе сураган жок. Болгону: "эмнеге өзү билип мага кеңешпей чыгып кетти, балким башка бирөө менен жолугуп жүргөндүр, ачык айтып кеңешсемби же дагы койо турайын, балким дагы жумушунан суранып кетээр, ошондо сурайын" деп ойлонуп жатты.

Жашоонун табышмактуу күндөрү билинбей күн-түнгө, түн-күнгө алмашып өтө берди. Бир күнү жумушта отурса ага бир аял келди, алтымыштардан ашкан аял аны көрүп эле:

- Садага кетейин Калбүбүм, деги аман-эсенсиңби? - деп ыйлап кучактай калды. Тилектин кичүү эжеси экенин ал дароо тааныды.

- Жакшы, өзүңүздөр жакшы жүрөсүздөрбү, бала-чака аман-эсенби? - Калбүбү да көзүнөн жаш тегерене учурашты.

- Тамара телефон чалып сени келип кетти дегенинен чыдай албай жетип келдим, деги турмушка чыктыңбы айланайын, бала-чакалуу болдуңбу?

- Жо-ок эже, Бакытымдан башка бала төрөбөдүм эже, балалуу болууну мага буйрубаптыр… - Ойлуу отуруп калды, - Ооруп калып уулум менен Тилек экөөнү жакшылап да узата албадым…

- Дагы ушунчалык жакшы болуп калыпсың садага, ден-соолук болсо баары болот, мына мен деле карып калдым. Тилек өлгөндөн кийин атамдар кайгыны көтөрө албай калышты, көп өтпөй эле биринин артынан бири кетти. Ошентип сенден да кабар ала албай калдык.

- Ал эми өттү-кетти эже, өлүм адамды өксүтүп, азапка салат экен…

- Баса… - Ал баштыгын оодарып целлофандын ичинен кагазга оролгон сүрөттү алып чыкты, - Ушуну катып жүргөм, Тамара айтканынан ала келдим.

Сүрөттү ала коюп Калбүбү мелтирей карап калды. Көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаш үнсүз эки бетин жууй эми жаңыдан айрылгандай куюлуп жатты. Колдору калтырай сүрөттү сылай:

- Кагылайыным десе, атаңдан калбай ээрчип жүрөт бекенсиң, бири-бирин билчү дүйнө болсо чогуу жүргөндүрсүңөр, быйыл туура он алтыга толмок элең…

- Кейибе балам, көп эле кейий берсең ооруп каласың. Жакшы жүр, эми мен кетейин, үйгө барып тур, катышып тур. Тилек сени алып келип бер деп атамды кыйнаганын кантип унутайын, көрсө өлөөрүн билген тура, - Ордунан тура жөнөдү Сейдана, - Барайын, айланайын.

- Жакшы барыңыз эже, үйгө барып чай-пай ичсеңиз болот эле, бир күнү өзүм чакырам, жакында Бакыттын төрөлгөн күнүн белгилеп, куран окутуп койоюн дегем.

- Ошент садага, иштей бер, жумушуңдан алаксытпайын.

- Жакшы барыңыз, - Калбүбү Сейдананы сыртка чейин узатып чыкты, сыртта Каныбек күтүп турган экен. Аларды узатып коюп кайра кирди. Сүрөттү колуна алып уулун акыркы күнү эркелеткенин көз алдына келтирди. Тилек ошол күнү эрте туруп алып машинасын оңдоп, карап жаткан. Ал оорусунан сакайган менен кээде "жүрөгүм" дей калчу. Андайда чөп дарыдан ичип анан жакшы болуп кетчү. Басып жүргөн Бакыт Калбүбүнүн жанына келип ойноп аткан, бир кезде Тилектин жанына барды да:

- Ата, ато-ов, биз кетебизби, алыска-аа-алыс-ка кетебиз аа? - деп калды чала-була чулдурай, - Апама таптырбайбыз ээ?

- Менчи Бакы, мени да алып алгыла ээ? - Калбүбү эч нерсе оюнда жок эле уулунун ууртунан өөп койду.

- Ыкы-ы, атам экөөбүз кетебиз, сен барба! - дегенде Тилек кайрыла берип күлүп калды:

- Жо-ок, уулум экөөбүз сени кошпойбуз ээ, апаңды ээрчитпей өзүбүз эле кетебиз ээ?

- Ийи да, кошпойбуз, атам экөөбүз эле-е… - Кайрадан ойноп кетти. Эми жөнөөргө келгенде түшкү тамагын ичип алып, анан жанына Бакытты отургузган Тилек жаңы таанышкандагысындай Калбүбүнү көпкө чейин кучактап туруп калганда Бакыт:

- Болбойсузбу ата, апам менен мен дагы өбүшүп алайын, - дегенде экөө тең каткырып күлүп, Тилек рулга отура бергенде Калбүбү эңкейе калып уулун эки ууртунан өөп:

- Тез келип калгыла, мен силерди сагынып кетем, - деди күлө.

- Келбей койобуз, биз алы-ыс жакка кетебиз да, ээ ата? - деп чоң кишидей айткан эле. Анда баланын сөзүнө экөө тең маани беришкен эмес. Алар чоң жолго бурулгуча карап колун булгап кала берген: "Көрсө наристе бала кайрылып келбесин билген тура, жок дегенде ошондо билсем баламды алып калбайт белем" деп ойлуу сүрөттү карап отура берди.

Ал күнү оорулуулар келген жок, көнүмүш адатынча обход жасагандан кийин кабинетте ойлуу отуруп улам өткөнүн эстей берип, көзү жашка толуп, эчен ирээт көз алдына бирде уулу тартылса бирде Тилек келе калып өзүн башкача сезип атты. Кеч күүгүм болуп жумуш күнү бүтүп үйгө кетээринде катуу оорулууну алып келишти. Аны көрүп тезинен операция жасаш керек экенин сезип: "Операционныйды тезинен даярдагыла" деди да өзү даярдана баштады. Өтүнөн жабыркаган орто жашаган аялды операционныйга киргизгенде анын арыктыгын көрүп өзүнчө чоочуп алды: "көтөр алабы" Кан басымын текшерип көрүп: "Тобокел, операция жасабаса өтү жарылып кетсе окус болушу мүмкүн, бир гана жол" деп ойлоп шымалана киришти. Ассистенттин жардамы менен бат эле өтүн алып таштады.

- Пульсу жайында, демек операция ойдогудай бүттү десек болот, - ал жанындагыларды карады.

- Туура, Калбүбү Темирбековна, буйруса жеңил болду, - деди ассистенти аны карап жылмайып, - Куттуктайм!

- Рахмат Жоомарт, бул баарыбыздын эмгегибиз, - Калбүбү суз гана наркоздо уктап жаткан аялды ойлуу карады, - Эки сааттан кийин палатага которуп укол-дарысын бергиле, дайындап койдум, - деди да үйүнө кетмек болуп кабинетине келип чечинип колдорун жуугандан кийин сумкасын алып плащын кийди да сыртка чыкты: "Дагы бир күн өттү, өмүр ушинтип өтө берет тура" деп таза абага көңүлү сергилең тарта аялдаманы көздөй басканда Осмон машинасы менен келип калды. Аны көрүп жылмайып алды купуя: "Жаш жигиттей кыялы бар, ак көңүл, өмүрүмдү жалгыздыктын шорунан куткарып алган ушул адамга ыраазымын, бири-бирибизге эриш-аркакпыз" деп ойлоп машинага отурду да жөнөп кетишти.

- Үйдө эле болсоң болмок, убара болдуң го?

- Кайдан, сенин кечиккениңен келгем, телефон чалсам операцияда деди.

- Аа-аа, - деп койду кайдыгер гана.

- Жакшы бүттүбү операция?

- Оңой болду, баары жайында.

- Ошондой эле болсун! Тажрыйбаң жакшы эле болуп каныгып калдың, куттуктайм байбиче, ошон үчүн бүгүн бир кафеге кирип отуралы.

- Койсоңчу, үйгө эле баралы.

- Жо-ок байбиче, сенин бүгүн чарчап турганыңды көрүп турам, экөөбүздүн мындан ары өз көңүлүбүздү өзүбүз көтөрүп кана жашашыбыз парз. Көздөрүң негедир ыйлагандай көрүнөт? - Осмон аны суроолуу карады.

- Ооба, бүгүн ыйладым, - Калбүбү сумкасынан сүрөттү алып чыгып берди, - Уулум менен күйөөм бир күндө авариядан жок болуп күйүттөн ыйламак турсун өзүмдү жоготуп коштошо албай калгам…

- Жаман болгон экен… - Осмон сүрөттү карап ойлуу сүйлөдү, - Муну кайдан алдың?

- Бая күнү суранып кеткенде…

- Аа-аа, ошондой де, - Осмон аны карай күлө сүйлөдү, - Мен сени жаш жигит таап алып жашыруун жолугуп жүргөн экен деп ойлодум эле.

- Койсоңчу Осмон, кайдагы жигит, биз эми картайдык, - Калбүбү улутунуп алды - Кантип ошону ойлодуң?

- Кызганып кеттим байбиче, мен го жетимишке чукулдап калдым, сен али алтымышка чыга элексиң, болуп-толуп, анча-мынчанын көзүн күйгүзө турган кезиң да? - Осмон мулуңдай аны карап койду, - Ырас эле кызгана берем.

Жерге түштү да:

- Жүрү, - деп алдыга басты, - Бүгүн бир көңүл көтөрөлү.

Алар "Бектур" кафесине кирип төр жагына отурушту да, бир коньяк, тамак-аш заказ берди Осмон.

- Коньякты тим койчу, менин эч нерсеге көңүлүм жок, анын үстүнө мен ичкилик ичпейт эмесминби?

- Эч нерсе эмес, анда-мында ичип коюш керек.

- Сен ичип алсаң гаилер кармап алсачы? Рулдасың, ичпей эле койолучу.

- Болбойт дедимби болбойт, бүгүн ичебиз.

- Үйдөн ичсек болмок, - Калбүбү аны ойлуу карады.

- Кудай сактасын, - Экөө тең унчукпай калышты. Астыларына келген тамакты ичип коньяктан аз-аздап алып отурушту. Калбүбү көп ичпегенге эки куюм ичкенден кийин башы айлана баштады. Бирок Осмон шашпады, түнкү он бирден өтүп калса дагы жай отура беришти. Качан гана кафеде эл калбай, жабыла турган болгондо ордуларынан турушту. Үйгө келгенде саат он эки болуп калган экен. Дароо эле жатканга киришти. Осмон канчалык аракет кылса да майнап чыкпады.

- Калбүбү, - деди анан ойлуу аны кучактаган бойдон, - Сен менден кетип калбайсыңбы?

- Неге?

- Мен чыны жашымда жүгүрүк элем, эми минтип эчтекеге жарабай калдым…

- Ой кокуй десе, ошон үчүн да кетеби?

- Ананчы, эки катын бир төшөккө жатса кызыксыз, анын сыңарындай мен картайганда сага уят болуп атам..

- Эч ойлонбо, мага анын кереги жок, болгону бири-бирибизди жалгызсыратпай эрмек болсок болду, - Калбүбү анын көңүлүн улай сүйлөдү, - Кой уктайлы, эртең кайра эле жумуш.

- Мейли, жакшы уктап эс ал.

- Өзүң дагы, - Экөө ошол бойдон үндөбөй уйкунун сыйкырдуу кучагына кирди.

Эртеси эрте жумушка келсе кечээ операция жасалган аял түндө кыйналып чыгыптыр. Ага кирип көрсө эти ысып жаткан экен, өзү араң жаткан оорулууга укол дайындап берип чыгып кетти: "Алсыз, бүгүнчө кыйналат, эртеңден ары жакшы болуп калат" деп ойлонуп атты. Кечке чейин улам карап жатып бир аз эс алганда өзү да эс ала түштү. Туугандары келип ыраазылыктарын билдирип, бир койдун эти менен сары май, бал, сүзмө берип кетишти. Албайм дегенине болбой таштап кетти. Калбүбү үйүнө телефон чалды да Осмонду чакырды. Негедир кийинки кезде ыраазчылыктарын билдирип берген белектерди алып койчу болгон. Осмон келээри менен баарын салып берип жиберди. Түш чен болчу. Оорулуу аялды дагы бир көрүп анан түштөнөйүн деп палатага кирип кеткен. Кайра келсе кабинетинде бажырайган гүл турат: "Бул кимден болуп кетти?" деп столундагы гүлдү терезеге коюп жатып, орто жеринде кагаз турганын көрүп ачып окуп кирди:

"Саламатсызбы Калбүбү Темирбековна, сизге менин гүл тартуулап кат жазганым таң калтыраар. Бирок мен сизди таптакыр унута албадым, негедир көргүм келип туруп алды. Көңүл эңсөөсүнөн жүрөк эңсөөсү күчтүүлүк кылып туруп алды. Сиз мени туура түшүнүңүз, кыскасын айтсам сизди сүйүп калдым! Угуп туруңуз, тытып таштап басып кете көрбөңүз. Ак баракты айрысаңыз да жүрөгүмдү айрый көрбөңүз, канча ирээт өзүмдү кармап унутууга аракеттенсем да унутмак тургай кайра эңсөөм күчөп баратат. Кантем.. Жалгыз сизди ойлонуп жүрөгүм үшүгөн жалбырактай бүрүшүп оорукчан болуп баратам, кечинде жатаарда ойлосом эртең менен тураарым менен сиздин элесиңиз көз алдымда. Мен сизди сүйөм, сүйөм, сүйөм!!! Авазбек".

Калбүбү турган жеринде селдейди: "Эмне дейт чунак бала, баарын унутуп, сүйүүдөн көңүл калып, бир бечара адам катары жашоомду тынч өткөрөйүн деп жүргөндө бул эмне деген табышмагың, жараткан" деп тура берди. Ошондон баштап ага күндө букет менен кошо алакандай кагазга жазылган сүйүү каттары келе баштады. Калбүбү ойго батып жүрдү: "Жаш эмеспи, өтүп кетет, анан өзү эле үндөбөй калат", деп өзүн-өзү сооротот.

Ошол күнү ал жумушунан эртерээк чыгып базарга бармак болуп эми сыртка чыкканда алдынан дагы гүл көтөргөн Авазбек күлө тосуп алды.

- Саламатсызбы, Калбүбү Темирбековна? - деп гүлүн сунуп туруп калды.

- Саламатчылык, - Калбүбү эмне дээрин билбей туруп калды.

- Эже, машина бар, жүрүңүз жеткирип койоюн…

- Жок-жок, өзүм эле… - Калбүбү эки жагын карана ыңгайсыздана, - Авазбек, сен кете бер, бирөө көрсө эмне дейт? Мындан ары гүл жөнөткөнүңдү токтот! - деп ары басты. Гүлдү кармаган бойдон Авазбек турган ордунда көпкө туруп анан Калбүбүнүн артынан жүгүрдү.

- Калбүбү Темирбековна, мени кечириңиз, гүлдү сиз үчүн атайын заказ менен алдыргам, колумду суутпай алып коюңуз, албасаңыз мен эч жакка кетпейм! - деп алдын тосуп туруп алды.

- Болуптур, гүлдү кабинетке киргизип кой! - Калбүбү суз, калбаат сүйлөп баса бермек болгондо Авазбек.

- Өз колуңуз менен албасаңыз болбойт! - деди ордунан жылбай. Калбүбү аны жүз токтото бир ирмемге карап туруп калды: "Тилектин эле өзү, адамга адам окшош боло берет тура" деп ойлуу анын колундагы гүлдү алды да:

- Акыркысы болсун, экинчи мындай кылба! - деп басып кетейин десе да бастырбады, - жолумду тоспо Авазбек, экөөбүздүн арабыз алыс, мен деген элүүдөн ашкан аялмын, дагы ушинтсең катуу айтып койом, - деди да акырын гана аны көкүрөккө түртө басып кетти. Авазбек андан кийин ордунан жылбай узата туруп калды: "Чечек" деп Калбүбү жылмайып алды. Алдыда дагы кандай өзгөрүүлөр болуп кетээрин, Авазбек өзү үчүн кандай амалдарды жасарын билген жок.

Үйүнө келсе Макулбектер телефон чалган экен, Осмон күтүп жатыптыр. Ал эшиктен кирээри менен эле:

- Ой байбиче, Кызгалдак чалыптыр, "келип кеткиле" дейт.

- Барса барып келели, байкемди айылдан келгени көрө элекпиз.

- Ооба барбасак болбойт, - деп экөө ээрчише чыгып машинага отурду да, бат эле жетип барышты. Алар келгенде Макулбек төшөктө жаткан, аны көрүп Калбүбү зээни кейий учурашты.

- Жакшы болуп калдыңызбы?

- Жакшы-жакшы, өзүң кандай, айланайын, ишиң жакшыбы?

- Баары жайында байке, иш жакшы, - Калбүбү арыктап, өңү азып калган Макулбектин жанына отурду. Балдары томпоңдоп жүгүрүп ойноп жүрүшөт, Кызгалдак кирип чыгып чай коюп, тамак даярдап жүрөт.

- Ээ Оске, "оору дөөнү карытат" деген ырас экен, мени карайм деп Кызгалдак да кыйналып атат, - Макулбек туруп отуруп кейий сүйлөдү, - Бир жагынан карылыктыкы да деп ойлойм.

- Маке, эч кейибе, кудай кулум десе сакайып кетесиң, ооруганың бир күнчө билинбей калат.

- Мен эмнеге кыйналмак элем, - Ошол учурда Кызгалдак сөзгө аралашты, - балдар жаш, оорусаң да аман-эсен сакайып кетсең биздин багыбыз ошол, - чай куюп сунду, - Ке чайдан алгыла. Бүгүн кой алып келдик, ата-баба арбакка куран окутуп койсокпу дегенбиз, ошого силерди чакырып кеңешсек дедик эле.

- Анан эмне, ата-арбакты эстей жүргөн жакшы, оору кордук деген эмеспи, сеники карылыктыкы да кошулуп, бир жагы эркелеп жатасың го? - Осмон аны күлө карады, - Бая күнкүдөн өңүң оңолуп калыптыр.

- Дурусмун Оске, ооруган жерим деле басылып калды, бир аз ал кетип турганы болбосо…

- Акырындык менен сакайып кетесиз, жата бербей таза абада көбүрөөк болгонуңуз жакшы, - Калбүбү сөзгө кошулду. - Жумуштан кол бошобойт, кээде түндөп калып калам.

- Иштей бер садага, өз ишиңдин жакшы адиси болсоң болду. Жакшы иште.

- Оо, Калбүбү айым ишинен колу бошобойт, кабинетинде кыпкызыл розалар күндө бажырайып келип турат.

- Ошент, садага.

Аңгыча алдыга булоолонгон аш келди. Кызгалдак Макулбекке өзүнчө мүнөз тамак куюп келип алдына койду. Көпкө отурушту. Бир топтон кийин Осмон менен Калбүбү үйлөрүнө кетти.

Жумушуна келген Калбүбү алдынан чыга калган Авазбекти көрүп чоочуп кетти. Үндөбөй туруп калды: "Ушу кыркка жетип жете элек жигит неге менин артыман түшүп калды, муну менен жай сүйлөшүп тынчытып койбосом уят кылат го, минтип гүл көтөрүп келе берсе көргөндөр эмне дейт?" деп ойлонгуча Авазбек көзүнөн жаш куюла аны карап туруптур. Калбүбү не дээрин билбей калды. Оозуна сөз кирбей:

- Авазбек, азыр бара бер, мен кечки жумуштан эрте чыгам, бул жерге экинчи келбе, мен чыкканда тигил жакта бол, анан сүйлөшөбүз, - деп басып кетти. Ою уйгу-туйгу болуп ар кайсыны ойлоно берди. Кечке ойлоно берип, башы ооруп чыкты. Саат беште чыгып болжогон жерден Авазбекти көрдү. Калбүбүнү көргөн анын көздөрү жаш баланыкындай жайнап кетти:

- Саламатсызбы, Калбүбү Темирбековна!

- Саламат, кана кайда баралы? - деди салмактуу.

- Машинага отуруңуз, - деп шаша ары жакта турган аудинин эшигин ачып колун жаңсады. Калбүбү үндөбөй отурду да зуулдап жөнөгөн машинадан сыртты карай мелтиреп ойлуу бара берди. Авазбек үндөбөй жол боюндагы кафенин жанына токтотту да:

- Жүрүңүз, ушул жер ээнирээк болот, эл аз, - деди.

- Жарайт, - Калбүбү акырын түштү да анын артынан жөнөдү. Авазбек шашыла кирип стол тандады да:

- Отуруңуз, - деп ызаат көрсөтө колун жаңсай өзү ал отургандан кийин ары барып өзү заказ берди. Калбүбү үндөбөдү. Ал келип отургандан кийин:

- Авазбек, отур, - деди ойлуу анын көздөрүнө карай. Ал отуруп көздөрүн ала качты, - Канчадасың?

- Отуз сегизде…

- Өзүң ойлочу, сен менден канча жашка кичүүсүң, мен сени менен сүйүү маселеси боюнча сүйлөшөйүн дегем.

- Эже…

- Болду сүйлөбө, экөөбүздүн ортобузда эч кандай сүйүү темасы болбоого тийиш, акылыңа кел, сен али жашсың, аялың барбы?

- Бар, аны жакында кетирип жибердим.

- Эмнеге?

- Мен сизсиз жашай албайм, сиз үчүн селсаяк болуп кетсем да ыраазымын!

- Андай болбойт, менин да күйөөм бар, "эсиң барда этегиңди жый" дегенди билесиңби? Канча балаң бар?

- Эки: бир уул, бир кызым бар.

- Балдарыңды ойлон, сен менин ини-сиңдилерим менен бирдейсиң, элден уялып менин кадырымды түшүрбөгөндөй бол!

- Баары бир, мен сизден алыс кетпейм, дубана болуп жер кыдырсам да, селсаяк болуп жолдо калсам да кайылмын! - Аңгыча особый куурдак менен шорпону алып келип калышты.

- Авазбек, сен менин кадырымды тепселеп, уят кылып жатасың, эсиң бар, ойлон.

- Жок, мен баарын ойлонуп бүткөм, - Авазбек жылмая карап жанагыдан батынып сүйлөй баштады, - Сиз үчүн баарына даярмын. Келиңиз, тамакка карайлы, - деп жылмая көздөрүн албай карап калды.

- Авазбек, мен биерге тамак үчүн эмес, сени менен ачык сүйлөшүү үчүн келгемин…

- Мен өз сүйүүмө жооп алганы келгемин, мен сизди сүйүп жүрүп жооп ала албасам дагы өлгүчө сиз деп өтөм!

Калбүбү үндөбөй калды: "Бул бала не деп турат, деги кандай азапка туш болгону турам, көңүлүн суута жаман айтышым керекпи?" деп мелтирей ойлуу отуруп калды. Бир сөзгө токтой албаган экөө көптө барып ордунан турушту. Авазбек өчөшкөндөй бир сөзүнөн танбай туруп алды. Сыртка чыккандан кийин үйү тарапка айдатты. Авазбек үндөбөй айдап келип түшүрүп коюп коштошуп кетти. Калбүбү ойлуу үйгө кирип келсе Осмон үйдө экен. Алагды болуп, ою алдагайда боло берди. Осмон аны байкады, жумушунан чаалыккандыр деп койду.

Ошондон баштап Калбүбүдөн Авазбек эч кайда кетпей көлөкөдөй ээрчигени ээрчиген. Ар дайым гүл көтөрүп алдынан чыгат да турат. Айласы кеткен Калбүбү сестраларга алдын ала:

- Гүл көтөрүп келген жигитке мени жумуштан чыгып кетти деп киргизбей койгула, - деди эле жаңы практикага келген келин тамашалай кетти.

- Калбүбү Темирбековна, жаш кыздарга келбеген гүлдөр күндө сиздин кабинетиңизде турат, сизди катуу сүйсө керек?

- Анын эмнесин айтасыңар кыздар, ал бир адашкан неме да… - Калбүбү ойлуу кагаздарын карап отуруп үн катты.

- Баса чаап албайлыбы?

- Ошенткиле, деги менден алыс болсунчу.

- Эми келсе мен аны чабам, - деп жаш кыздар каткыра күлүп калышты.

- Түшкү уколуңарды бергиле, обед боло электе.

- Жарайт, Калбүбү Темирбековна, кечирип коюңуз, бир аз тамашалашып койдук.

- Эчтеке эмес, боло берет, мен дагы жаш болгомун, - Калбүбү аларды жылмая карады.

Түш оой ооруканага авариядан жабыр тарткан адам келди, башынан катуу жаракат алып, буту сынып кетиптир. Эки-үч сааттай алек болуп араң бүтүштү. Орто жашаган адам өтө кыйналып жатты, сыртта туугандары толуп жүрүштү. Бир кезде Калбүбү операционныйдан чыгаары менен аны тегеректеп калышты:

- Айланайын, оорулуунун абалы кандай?

- Абалы жакшы элеби?

- Операциясы жакшы болдубу? - Үстү-үстүнө берген суроолорго токтоо гана:

- Абдан катуу болгон экен, буйруса жакшы, сакайып кетет, кабатыр болбогула.

- Оозуңа май айланайын, чымындай жанын сактап калгыла, жалгыз уулум, - деп бир жетимиштеги кемпир эмшиңдеп ыйлай Калбүбүнүн колун өөп жиберди, - Кудай колуңа кубат берсин!

- Рахмат эне, уулуңуз жакшы болуп кетет, колдон келгенин аябайбыз. Эми үйүңүздөрдө эс ала берсеңиздер болот, бирөөңөр калып жанында бир-эки күн карагыла.

- Ооба кызым, аялы келет, ага киши жибергенбиз.

- Эмесе кабатыр болбой, топурабай бирөөңүздөр гана калгыла, - Калбүбү кабинетке келип отургучка отуруп ойлоно кетти: "Бечара пенделер ай, өмүрү кыл учунан кайтты, баш мээге күч келип калыптыр, сакайганда да акылы жайында болсо жакшы" деп ойлонуп жатканда телефон чыр этти. Ала койгон Калбүбү үнсүз гана тыңшап тура берди.

- Калбүбү Темирбековна, Авазбек уксус ичип ооруканага түштү, - дегенди угуп үнсүз делдейди: "Чечек, ал эмне кылганы, өлүп калбаса болду" деп ойлонуп отурганда телефондогу үн:

- Калбүбү Темирбековна, угуп жатасызбы, Авазбектин абалы өтө оор, келип калыңыз, сизди күтөбүз! - деп даректи айтып телефонду коюп койду.

***

Салима келгенден бери Марс кадимкидей болуп калды. Күндө чөп дары берет, үч-төрт күндөн дем салдырып карап атты. Сагын болсо Салимага көнүп апалап жанынан чыкпайт. Ан сайын Салима айланып-кагылып жаны калбайт. Сагындын тили такталып быдылдап сүйлөп калган. Марстын бир кол, бир буту мурункудан ийкемге келип, аз-маз кыймылдап калды. Өзүн-өзү карап тамакты мүнөздөп ичкенге өңүнө да кирип калды. Салима сыртта Сагынды ойнотуп отурган. Дарбаза такылдап калды. Мария барып ачканда Зайна ичкери кирип келди.

- Саламатсызбы эже, мен баламды көрөйүн дедим эле… - Зайна арыта Салиманын жанында жүргөн Сагынды көрө, - Сагын, Сагын, бери кел! - деп үн салды.

- Сен кимсиң, кызым, - Мария ага таңкала карап сурады. Марс ошол күнү жок болчу.

- Мен Сагындын апасы болом.

- Аа-аа, - Мария Салималар жакты карады. Бул учурда Сагынды колунан жетелей бери келаткан Салима үнсүз баланы карады.

- Сагын, Сагыным менин, - Зайна жүгүрүп баласын көтөрө калып бетинен өпкүлөп жатты. Салима үндөбөй карап тура берди, - Сагын, сен мени сагындыңбы садага? - Зайна ыйлап да, сүйлөп да жатты, - Мен сени сагынып кеттим, келбей коюуга чыдабадым, - Анан сумкасынан конфет, шоколад алып чыгып колуна берди. Мария менен Салима дале үнсүз карап турган. - Эже, - деди Зайна Салиманы карай, - уулумду мага бергиле, чыдай албай келдим, Марстын көңүлүнө карап таштадым эле, эми айыгып калыптыр, алып кетейин…

- Атасы үйдө жок эле, келсин, күтө тур! - Салима ага токтоо жооп берди.

- Жо-ок, эже, күтө албайм, сыртта такси күтүп турат.

- Таксини жөнөтүп жибер, өзүм жеткирип койом, атасы болбосо мен жооп бере албайм да? - Аны карап жылмайып койду Салима. Зайна анын жылмайышынан өзүн мазактагандай сезип кетти.

- Эмнеге, анын баласы болсо меники дагы, ал атасы, мен энесимин, өзүм төрөгөм!

- Төрөгөнүңдү билем, бирок ал жокто бере албайм, кир үйгө, отуруп тур.

- Күтө албайм, өз балама өзүм ээмин, ооруп жүргөн эме ойлонуп кайра ооруп калбасын деп гана таштап койгом.

- Анда дагы бир келээрсиң, - Салима аны сынай карады.

- Келбейм, уулум колума тийсе эч качан келбейм.

- Сагын, - деди Салима баланы карай, - Сагын, апаң менен кетесиңби?

- Ыкы, ал менин апам эмес, сен менин апам, кетпейм аны менен, - наристе Салиманы көздөй жүткүндү, - Мен апама барам, түшүрчү мени!

- Сагын, Сагынтай, мен сенин өзүңдүн апаңмын да, жүрү мени менен, кетебиз.

- Сени апа дебейм, сен мага апа эмессиң, - Сагын тырмышып Зайнанын колунан түшүп Салимага барды, - Мени ага бербечи апа, ал менин апам эмес!

Ошол учурда Марс босогодон көрүндү. Анын келе жатканын көрбөй эле Зайна:

- Балам менден жат болуп калган тура, мен эми муну таштап кетпейм, баламды менден бөлбөгүлөчү, эже?! - Зайна буркурап ыйлап жиберди.

- Мен сени экинчи келбе дебедим беле, а баланы болсо ошондо алып кет дегемин, ал эми сага болбойт, көнбөйт дагы! - Марс артынан үн катканда Зайна жаштуу көздөрү менен ага тигилди:

- Марс, суранам сенден, баламды бөлбө менден, аны эми таштабайм!

- Азыр… - Марс жетип Сагынды Салиманын колунан бошото колунан жетелей, - Сагын, бара гой апаң менен, бар! - деди эле бала ага жолобой кайра качты:

- Барбайм, менин апам ал эмес!

- Кана, көнсө алып кет, жүрөгүмдү оорутуп үнүн угузбай алып кет, ыйлап кетсе мен чыдай албайм, - Марс терс бурула үйгө кирип кетти. Зайна Сагынды канча аракет кылып көтөрүп алып жөнөмөк болду эле ал тыбырчылап, чапкылап ыйлап жатты:

- Апа, мени кетирбе, барбайм муну менен, барбайм!

- Садагаң Сагын, мен сенин өз энеңмин, жүрү кетебиз, атаңа алып келип турам, - убараланып кайра-кайра жетелеп да, көтөрүп да кете албай аргасы кеткен Зайна, - Силер уулумду менден ажыраттыңар, таптакыр мени унутуп калыптыр, мынчалык Марска күйөт экенсиң, кетпей эле жүрө бербейт белең?! Ортодон чыга калып үй-бүлөнү буздуң, как баш, туубас! - деп бакырып-өкүрүп ыйлап жатканда Марс чыга калды:

- Сыйың менен кетип кал, бала сеники эмес, меники!

- Мен анын энесимин, сенин акың жок бербей коюуга!

- Алып кете албадың, колуңдан келбегенден кийин башты оорутпай кетип кал! - Марс жетип келип аны жаактан ары чаап жиберди. Зайна селдейип туруп калып, кайра эсине келгендей артына бурулду да дарбазадан чыгып кетти. Салима үнсүз ары басып кетти: "Ушундай болмок, бирөөнүн баласы баары бир бала болбойт, мен эми өзүм бала багып алам" деп ойлоп атты.

- Салима, ага капа болбо, анын ушундай тили суук экенин биринчи көрүшүм, бала карабай койсо ошого ачууланып кетти го? - Марс аны жубата сүйлөдү.

- Анын эмнесине капа болмок элем Марс, бирок эртедир-кечтир Сагын энесин табат, мага да кыйын болот, мен өзүм үчүн бир бала багып алайын Марс, бала үчүн нени гана укпадым, мына бүгүн "какбаш" деген сөз уктум…

- Ага капа болбо кызым, мен деле чырактай эркек балдарды төрөп, эми ал менин түшүм сыяктуу унутулуп, "какбаш" деген сөздү далай уккам, - Мария да аны жайкап сүйлөдү, - андан көрө баксаң багып ал.

- Туура Сакиш, бала багып алалы, Сагынга да ини болот, - Марс макул болду дароо эле.

- Эртең төрөт үйүнө барам да, очеретке турам, - Кайра ойлонуп, - Баса, эжем Калима эң кичүү баласын ал деди эле, эмне кылсам?

- Салима, - Мария аны ойлуу карады, - Бир тууганыңдын баласы го өз дечи, бирок ошо бала үчүн жаман-жакшы көрүнүп калуудан сактан, мен андайды көрүп көңүлүм калган.

- Өзүң бил Салима, кандай кылсаң өз эркиң дечи, бирок Мария эже туура айтат, суук болуп каласыңар го, мен да уккан элем мындайды.

- Анда Марс, эртең төрөтканага баралы да жазылып койолу.

- Макул, алтыным.

Ошол убакта Сагын Салимага жармаша кетти:

- Апа, апо-ов, менин апам сенсиң ээ, жанагы аял калпычы да-аа?

- Ооба уулум, ал калп айтат, сен өзүмдүн эле уулумсуң, - Салима аны көтөрүп ала койду, - Сенин апаң менмин. - Эки ууртунан өөп-өөп алды.

- Анан эмне "алып кет" дедиң?

- ?... - Салима менен Марс бири-бирин карап калышты.

- Экинчи келбесин, мен эми келсе урушам, сөгүп койом.

- Кой балам, улуу кишиге анткениң болбойт.

- Мм да, урушпай койоюнбу?

- Урушпа, эми ал өзү деле келбейт, - деп баланы алаксытып атты.

Аңгыча кеч да кирип кетти. Кечки тамакка отургандан кийин Сагын өзүнчө ойлоп жатып эч нерсе ичпей уктап калды. Ага үйрүлүп түшкөн Салима ордуна жаткырып коюп анан өздөрүнчө акылдашып жатты. Эртеси Марс экөө барып төрөтканадан сураштырса санитарка аял:

- Дал ушул учурда бир эркек бала бар, врачка сүйлөшсөңөр болот, бала эки жумалык эле, бирөөнүн үйүнө таштап кеткен экен, алар биякка алып келишкен, - деди шыбырай, - Силерге кызбы, же уул керекпи?

- Кимиси болсо мейли, кыскасы бала керек, багып алабыз, - Марс шар эле айта салды.

- Андай болсо врачка киргиле, - деп коюп, ары басып кетти.

Алар киргенде улгайып калган гинеколог аял телефон менен сүйлөшүп жаткан экен. Бир аз күтүп калышты. Трубканы койгон врач экөөнө "отургула" дегендей ишаарат кылды да:

- Кулагым сизде, - деп Салиманы карады.

- Мм, эже биз бала багып алалы деген элек… - Ыңгайсыздана ал Марсты карап алды, - Мүмкүн болсо сиздерден багууга бала чыгабы?

- Мм, демек бала багам дегилечи, жашоо-шартыңар жакшы элеби?

- Ойдогудай, багып алууга кудуретибиз жетет, - Марс жооп бере салды.

- Бизде эки жума мурун түшкөн бала бар, көргүлө, - Ордунан тура коридорго чыгып алдыга жөнөдү да балдар бөлмөсүнө кирди. Төрдө ыйлап жаткан баланын жанына барды да, - Мына, ден-соолугу жакшы, уул бала экен, - деди экөөнү карай.

- Аа-аа кандай кылып, качан алып кетсек болот?

- Ал өзүңөрдүн ишиңер, бүгүн алып кетсеңер да боло берет.

- Анда эртең камынып келип алып кетебиз, башкага бербей туруңуз, - деген Салима толкундангандай жүрөгү элеп-желеп боло ордунан турду. Экөө төрөтканадан чыгып эле базарга жөнөштү. Адегенде балага керектүү буюмдарды алышты. Андан кийин врачка арнап импорт вино, коньяк, коробка шоколад алып өзүнчө конвертке акча салып дайындап коюп жатып калышты. Марс бир нерсени ойлонуп врач менен ачык сүйлөшүүнү ойлоп жатты. Аны Салимага да айтпады. Эртеси келсе врач кабинетинде экен, аларды көрүп эле ордунан тура калды.

- Саламатсызбы?

- Саламат, келгиле, - ал жылмайып койду.

- Биз келдик эже, бир шартым бар, эгер мүмкүн болсо жакшылап сүйлөшүп алсак кантет? - Марс маанилүү сөз айтчудай эки жагын каранып эңкейип, - Эже бул баланын делосу бар да ээ? - деди.

- Ооба, ооба ансыз болбойт да.

- Анда мен сизден суранам, аны багып алганыбызды эч кимге айтпай делосуна ал баланы "өлгөн" деп койбойсузбу, бул сырды катуу үчүн сизди ыраазы кылабыз. Антпесе биз мээнет менен багып чоңойтуп алсак, энеси чыга калышы мүмкүн. Аялым төрөбөйт, кийин дагы бирдеме болуп баланы да кыйнап, өзүбүз да жаман абалда калбайлы, сизден көптөн-көп суранам?! - деп Марс айтканда ойлоно калды врач.

- Ойлонуш керек экен иним, дегиңкиси биз айы жылынан бери жазып качан ким алганын тактап жазышыбыз керек.

- Билем, кийин ошондон улам таап алып талашкандар жок эмес.

- Силер алып кете бергиле, анан мен силер каалагандай жасап койом, бирок өз блокнотума тактап силердин дарек менен ай, жылын тактап жазып алышым керек.

- Макул эже, бирок биз сизге ишенели, - деди да кол алыша алып келгендерин берип, колуна конвертти кармата койду.

- Эртеңки күнү бала сатыптыр дешпесин, өзүңөр билесиңер, азыр заман башкача, - деди гинеколог аларга сырдуу жылмая.

Марс ошондо бул баланын кимден, ким төрөгөнүн билсе эмне демек?! Бирок ал наристе өз баласы болуп чыгаарын түк да ойлогон жок. Медсестраны чакырып баланы ороп берүүсүн айтып эле, жарым саат өтпөй баланы ороп келип Салиманын колуна карматты. Аңгыча экөөнүн паспортун жана ЗАГСын сурады эле:

- Эртең алып келели, керек болоорун билбедик, - деди Салима. Бирок экөө закондуу түрдө ажырашкан бойдон каттоосу жок болчу.

- Күбөлүк жазышыбыз керек, тезирээк алып келгиле, - деп жылуу коштошо узатып кала берди.

Салима бала төрөбөгөнгө эки жумалык баланы багуудан жүрөксүп жатты. Наристе сүйкүмдүү экен. Болпоюп курсагы тойсо уктай берет. Сагын аны айланчыктап жанынан чыкпай упчу салып карай берет.

- Апа бул менин иним ээ?

- Ийи балам, сенин иниң да.

- Мен багам да, анан ойнотом, ээрчитип жүрөм.

- Ананчы, экөөңөр ойнойсуңар да, - Ошентип кечке бежиреп эриктирбейт. Марс дагы ага үйрүлүп турчу болду, деги эле ал дагы баланы жакшы көрүп колунан түшүрбөй көтөрүп жүрө берет. Көбүнчө аны Мария карайт, Салима көнбөй жүрүп араң көндү. Ошентип кичинекей наристе сырдуу сандык сымал билинбей чоңойо берди. Марс ары-бери жүгүрүп жүрүп закси алды да уулунун атын Табылды деп коюп күбөлүк алышты. Бир ай болгондо ата-энелерин, тууган-туушкандарын чакырып жээнтек беришти. Макулбек төшөк тартып жатып калгандыктан Кызгалдак колундагы уулун алып өзү келип кетти. Ошентип бул үйдө баланын күлкүсү чыгып, өздөрүнчө бапырап калышты. Калима сиңдисине таарынып кетти. Анткени үйдү, болгон байлыгын башкага ыраа көрбөй баласын бермек болгон эле.

Арадан бир жыл өтүп Табылды бир жашка чыгып калганда Марс дарбазасынын жанынан Айдайды көрүп калды. Бирок эч нерсени сезбеди. Аны карабаска аракет кылып жолукпай койду. Ал өткөндү эстөөгө кудурети жетпейт эле. Аргасыз эстеди…

Зайнанын апасы күңкүлдөп, Марс үйдөн чыкса эле сүйлөнө бергендиктен ал кийинки кездерде үйүнө келгенден заарканып калган. Аялы менен кайненесинин сөзүн угуп чыгып кетип пивнойго барды да пиво ичип көпкө отурду. Бир убакта кызый түшкөндө сыртка чыгып машинасына отуруп алып ошол жерде уктап алгысы келди. Көзү илинип кеткен экен терезесин бир кыз черткилеп жатыптыр. Аны көрүп башын чыгара:

- Эмне керек, чоң кыз? - деди.

- Байке, Күнтууга жеткирип койосузбу? - деп суранып калды ал.

- Мен таксист эмесмин да.

- Мейли, эмне болсо да жеткирип койсоңуз.

- Аа-аа мейли, отур, - Марс ал кыз отураары менен айдап жөнөдү.

- Кайсыл жагына?

- Бара берсеңиз өзүм айтам, дачага барат элем.

- Мм, - деп коюп кете берди Марс. Жолдон таанышып да алышты. Айдай ошондо күйөөдөн чыгып, кафелердин биринде иштейт экен. Кеч чыгып калып ошол күнү Марска жолугуп калыптыр. Жолдо тамашалашып баратып келинге тийише баштады. Көңүлү чөгүп жүргөн Марс ошол күнү жайдары болуп, Айдайды улам карап койот.

- Айдай, ойнош болуп албайлыбы? - Марс аны сынай көз жүгүртүп койду.

- Кызык, ойнош болгону кандай?

- Ушундай эле, күндө бир жерден жолугушабыз, ойнойбуз.

- Мени атамдар жаман көрүп калышат го, "жаңы эле күйөөдөн чыксаң, айыл болсо дүргүп кеп кылып жиберет", дешип мени урушат.

- Эч нерсе болбойт, жакшы көрүп калдым.

- Кызык, бир көргөндө элеби? - Айдай кыткылыктап күлүп калды.

- Бир көрүп эле, - Марс да күлүп койду.

- Дагы жолугаарбыз байке, андан көрө канча аласыз, мен жетип калдым, - деп жылмая сурап калды.

- Сиздей сулуудан акы албай калайын, бекер эле.

- Оо коюңузчу, азыр бекер эч нерсе жок.

- Аны таксисттерге айт, мен зеригип сендей сулуулар жолугаар бекен деп тургамын.

- Чынбы?

- Ооба, калпы жок, эртең каерден жолугабыз?

- Мен күндө ошол жерден чыгам, кээде эрте, кээде кеч.

- Болуптур анда, мен күндө ошол жерден күтөм.

- Рахмат сизге, мен келип калдым, - Машина токтогондо Айдай шарт түштү да колун булгай кала берген.

Ошондон баштап кайненесине жини келип, Айдайды күндө тосуп алып кафеге киргизип сыйлап, эки жумадай алып жүрдү. Ал капысынан ооруп калгандан кийин жолукпай калган эле…

Бир күнү Марс жумуштан келатып дагы Айдайды өзүнүн короосунун айланасынан көрдү. Бул жолу Айдай ага атайы алдынан чыгып өзү учурашты.

- Кандай Марс, сен ушул жерде турасыңбы?

- Ооба ушул үй меники, өзүң бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Мен сени жоготуп алдым, эркектер ушундайсыңар, жүрүп-жүрүп анан куйругуңарды түйүп жоголосуңар.

- Эмне болду анчалык, мен сени алам деген эмесмин туурабы, аялым, балам бар деп айткам.

- Айткансың, бирок менин боюмда болуп калып азабымды жебедимби, атам абдан катуу киши, үйдөн кууп чыгып батирде жүрүп төрөгөм…

- Анан, анан эмне болду?

- Айлам кетип бирөөнүн короосуна таштап койгом, алар төрөт үйүнө берип коюшуптур…

- Эмне болуптур, таптыңбы анан? - Марс кызыга сурап жатты.

- Төрөт үйүнөн сураштырсам өлүп калган дейт, бир санитарка аял ал өлгөн эмес, бир эрди-катын келип жүргөн деди эле…

- Убагында таштап салып эми издеп жүрөсүңбү? - Марс ага ишенип ишенбей туруп бирок жини келе сурады.

- Ооба, түшүмдөн кетпей койду, тирүү болсо тирүүсүн билейин деп жүрөм, эгер чарчап калган болсо үмүт үзөм да.

- Күйөөгө тийген жоксуңбу?

- Күйөөнү эмне кылам, анын үстүнө өзүң мени сүйдүрүп алып жоголуп кеттиң, сени издебеген жерим калган жок.

Марс көпкө ойлонуп калды: "Менин ооруганымдан бери тогуз ай өттү, мен Айдай менен жүргөндө май айы болчу, он бир ай болуптур, демек Табылды менин өзүмдүн балам тура, мына кызык тамаша! Салимага рахмат, убагында барыптырбыз, мүмкүн башка бирөө алып кетмек" деп туруп:

- Төрөт үйүнө күндө ондогон бала түшөт, ким алды, ким билет, жокпу-барбы, кайдан билесиң, дело ачышкан да алар, ошону издебейсиңби?

- Делосун карашпай, "күкүк энелер толуп атат, сеникиби, биз аны кайдан билебиз?" деп урушуп койду.

- Кой Айдай, аялым чыга калбасын, жакшы кал, - Марс үйүнө карап басканда Айдай айласы кете:

- Коңшу-колоңдоруңдан бала бакканын билбейсиңби? - деп сурап ийди.

Марс Айдайды жалт карап алды да: "Даанасын билет го?" деген ойго келди.

- Жок, билбейт экемин, - деди шаша.

- Мейли, эмнеси болсо да сенин балаң бар экенин айттым, балким таап алаармын…

- Жакшы бар! - Марс дарбазадан кире берип жүрөгү лакылдай туруп калды: "Тобо-оо, чын эле Табылды өз балам болуп калса, аны жакшылап бир карайынчы, мага бир окшошоор бекен" деп ойлонуп короонун ортосунда ары-бери басып жүрдү. Анан үйгө кирип уктап жаткан наристенин үрөйүн отура калып көпкө карады: "Жок, жо-ок, мага окшошпойт, балким Айдайга окшоштур" деп карап отурганда Салима кирип келди:

- Марс, аны эмне карап жатасың? - Ал таңгалгандай сурады.

- Аа-аа, жөн эле, ойгонгону жатабы, ыйлап барып басылды, ойгонобу деп таптасам уктап калды, - Марс уурусу кармалгандай мындай боло берди.

- Ийи-ии, эмеле уктаган. Сен ишиңди бүтүрдүңбү?

- Ооба, бүтүрдүм.

- Жакшы болгон тура. Баса, Марс, бүгүн Кызгалдактыкына барып күйөөсүн көрүп койолучу, байкуш киши ооруп калып жаман болду.

- Мейли, барып көрсө көрүп келели, Кызгалдакка эле жаман болду, оору багыш оңой эмес да.

- Ошону айтсаң, балдары да жаш. Дагы жакшы, Алия кол-арага жарап калды, эстүү кызы бар.

- Байкуш, дагы бир он жыл оорубай-сыктабай жүрө турганда тыңып калмак, Азиз быйыл окуп калды, кичүүсү төрттө ээ?

- Ооба, Артисбек деле чоңоюп калды, кантсе да карып калды да, өзү кырчоо, кыйын калбаат киши тура, болбосо мындай жаштагылар өчөйүп таяк таянып, ылжырап калбадыбы.

Көпкө кобурашып отурушту жубайлар:

- Чындай келсе биз деле улгая баштадык, эмдиги жылы мен кырк экиге чыгам.

- Мен деле кыркка жакындап калдым, көзгө көрүнбөй убакыт өтө берет, ары-бери болуп жүрүп убакыттын өткөнүн да байкабай калдык ээ? - Салима өкүнгөндөй улутунуп алды.

- Өкүнбө жаным, кандай болсо да убакыт деген адамга уттурбайт, утуп кана турууга тийиш, - Салиманын кабагы бүркөлө түшкөнүн көргөн Марс аны жооткото сүйлөдү, - Мынабу эки жаманды чоңойтуп, өз-өзүнчө үй-жайга бөлүп, энчи берип койсок анан биздин багыбыз ошол.

- Ээ кагылайындарым десең, ушулар оорубай-сыктабай чоңоюп алса, ырыстарым менин, - Салима заматта жаркылдай күлүп жиберди. Экөө тең эч нерседен капарсыз уктап жаткан. Марс купуя гана Табылдынын жүзүнө уурдана карайт: "Балким аны башка бирөө алып кетип, бизге бөлөк бала туш келгендир?" деп ойлонот, кайра наристесин карап телмире отуруп калды. Анан алар кийинишип, балдардын ойгонушун күтүп калышты. Көптөн кийин эки уулу ойгонгондо кийинтип алып жөнөп кетишти. Алар келгенде Макулбек абдан оңолуп ордунан туруп басып калган экен. Аны көрүп экөө тең кубана учурашты:

- Ассалоому алейкум, өкүл ата! - Марс тамашалай күлө кол сунду.

- Ал-лекум салам баатыр, келгиле! - Макулбек кошколдой алик алды.

- Жакшы болуп калдыңызбы? - Салима андан кийин учурашып, ойноп жүргөн балдарды өөп, ала келгендерин колдоруна берип эркелете карады. Төргө отуруп жайланышкандан кийин Марс:

- Тез-тез келип акыбалыңызды сурай албай эле уят болдук. Эми жакшы болуп калыпсыз, - деп жайдаңдай отурду.

- Ооба, мен дагы эки бала менен чыгалбай… - Салима дагы сөзгө аралашып калды, - Кызгалдактан бетер беш бала бакканымда таптакыр болбой калмак экемин.

- Оой, менин Кызгалдагым беш балага кошулуп мени да багып атпайбы, мен кудайга ыраазымын, ушу селкини менин маңдайыма жазып койгонуна.

- Көп эле мактай бербе, "башка түшсө байтал жорго" деген, азыр Алия чоңоюп жардам берип, кыйналганым деле жок.

- Садагам Алия абдан акылдуу кыз болду, буйруса окуусу да жакшы, ушуну жакшы окууга киргизип койсок болду.

- Алия зирек, жакшы кыз, бактылуу эле болсун, - Салима дагы сүрөй кетти, - быйыл канчада окуп атат?

- Тогузунчу класста, отличник, жалаң бешке окуйт, мектепти буйруса алтын медал менен бүтөт деп мугалими айтып атат.

- Молодец, Алияны чет өлкөгө окууга жөнөтөбүз анда, - Марс чын ниетинен кубаттап ийди, - Окуусун улантышы керек!

- Өзүбүз да окутабыз деп атабыз, - Кызгалдак кызынын жетишкендигине кубана күлүңдөй карады. Макулбек жакшы болуп бараткан, аны карай, - Атабыздын ден-соолугу жакшы болуп балдарына тээк болсо эле болду, баары болот, - деди.

- Кудайга шүгүр байбиче, баягыдан дурусмун, эжем байкуш саамалды алигиче берип жиберет, ошол мага жардам берди.

- Ошондой эле болсун, - Салима коштоп койду, - Сиздин ден-соолугуңуз балдар үчүн керек, уул-кыздарыңыздын жакшылыктарын көргүлө эми.

Аркы-беркини айтып сүйлөшүп отурушту. Салима Таабалдысын ары-бери көтөрүп ыйлаганынан сооротуп жатты.

- Уулуң ыйлаак окшойт, Салима? - Кызгалдак ага күлө карап тамашалай карады, - Ушу өзүң ыйлаак болушуң керек, бала ата-энени тартат да.

- Кичинесинде ыйлачу эмес, чоңойгондон бери ыйлаак болуп баратат.

- Эч нерсе эмес, чоңоюп буту басып калса билинбей калат.

Андан кийин чогуу отуруп тамактанышты да Марстар үйүнө жөнөдү. Келсе аларды күтүп апасы менен тагасы Канатбек отуруптур. Алар менен учурашып, анан эне-бала сүйлөшүп калышты. Мария бул келген адамды көрүп: "Ботом эми баарын унутуп калганда күйөөгө тийемби? Бирок жакшы эле адам окшойт, салабаттуу көрүнөт, өзүнүн үй-жайы болсо эмне экен, бирөөнүн эшигинде өлгүчө, кайын-журттун ичинде ызааттап көмүп коюшат" деп ойлоп жатты. Канатбек үч-төрт күн жүрдү, аны атайын Марияны көрсөткөнү алып келген эле. Эки-үч жылдан бери аялы жок жалгыз жашачу, балдарынын баары үйлөнүп-жайланып, ар кайсы шаарга иштеп кетишкен. Заңгыраган үйү бар.

Калыя эртеси күнү сөз баштады:

- Мария, эгер туура көрсөң мага келин бол, айланайын, бул инимдин оокаты кудайга шүгүр, жаш колукту алып берсек көтөрүнүп кетип калат же жакшы карабай койот деп сени ылайык көрүп калдым, анын үстүнө сырдакана болуп да калдың.

- Мен эми ушу жашымда күйөөгө тийбей эле койсом дедим эле… - Мария башка сөз айта албай отуруп калды.

- Ийе айланайын, Канатбек деле андай жаман адам эмес, жыйырма жыл жашаган аялын чекесинен черткен эмес эле, "кудай кылса кубарыңдын акысы барбы" дегендей, айла жок өлүм ажыратып койду.

- Ошентсе деле…

- Кой антпе, алып кетели, үйүңөргө алпарып тууган-уругун чакырып нике кыйдыралы, кудайга шүгүр эчтекеден кемибейсиң, болгону бири-бириңе өбөк-жөлөк болсоңор болду.

Мария үн деген жок: "Тобокел, тийсе тийип алайын, бирөөнүн ишин кылгыча өз үй, өлөң төшөгүм болот, маңдайга жазганын көрөөрмүн" деп ойлоп жатты. Ошол күнү Салима аларды коноктоп, бир сыйрасын кийгизип алып машинасына балдары менен чогуу отургузуп, өзү жеткирип келмек болду. Марс ага каршы болгон жок, чогуу жөнөп кетишти. Марстын колу-буту мурункудан жакшы болуп калган менен рулду башкарганга алсыз эле. Салима өзү айдап Көлдүн Коңур-Өгүз айлына айдап жөнөдү. Кеч жетишип болгон туугандарын чогултуп кеңеш кылышты да, эртеси айылдын чоң молдосун чакырып нике кыйып, чакан той өткөрүп, Канатбек менен Мариянын өмүрлүк жолдош болуп түбөлүк бирге жашоосуна ак тилектерин айтып таркашты.

Канча жылдан бери Салима Мариянын жасаган оокатын жеп бекер жүргөнгө абдан көнүптүр. Эртең менен кечинде, үч маал өзү оокат жасап, кайра балдарынын түйшүгүн тартуу оңойго турган жок. Абдан кыйналды. Акыры бир кызматчы алууну ойлогон Салима Марс үйдө жокто радиоузелге бармак болуп үйүнөн чыкты. Ал дарбазадан чыгаары менен короонун сыртында ары-бери басып жүргөн Айдайды көрдү. Айдайдын бул үйдү айланчыктаганына бир топ эле болгон.

- Эже, - деди ал Салиманы көрүп бери басып келип, - Мен жашаганга үй издеп жүрдүм эле, сиздерде батир жокпу?

- Жок, биз батирге бербейбиз.

- Ийи, жумуш издеп тапкыча жашап турганга үй керек эле…

- Чоң кыз, мен батир бербейм, бирок үй жумушчу издеп бараттым эле, сен андай жумуш иштебейсиңби? - Салима аны караганда Айдай: "Мен үй кызматчы болуп иштегенде деле Марс тургузбайт, же бир-эки күн баламды көрүп алганга иштемиш болуп көрсөмбү" деп ойлоп:

- Канча төлөйсүз? - деди билмексен боло.

- Айына эки миң сомдон төлөп турам, ичкен жегениң, жатканың бекер болот.

- Эмне жумуш?

- Үй ичин жыйнап, кир жууп, тамак аш жасайсың, андай оор жумуш деле жок.

- Болуптур, эже, - Айдай макул болоору менен Салима кайра кайрылып Айдайды ээрчитип үйгө кирди. Марс балдары менен үйдө болчу. Салима ашканасына киргизип тааныштырып чыгып анан үйгө кире берээрде Айдай:

- Эже туалетиңизге кирип алайынчы? - деп калды.

- Тигил жакта, кайра келип үйгө кире бер! - Салима үйүнө кирип кетти. Салима үйгө кирээри менен Марс аны көрүп:

- Эмне болду, таап келдиңби?

- Ооба, таап келдим.

- Жакшы болуптур, мени атамдар "келип кет" деп чакырып жатат, мен эртерээк жөнөйүн, - деп үйдөн чыгып кетти.

- Эмне мынча шашып? - Салима аны таңдана карап калды.

- Тез кел деп телефон чалышты, билбейм, - деди да чыгып баратып, - машинаны айдап кеттим! - деди.

Айдай бул кезде туалетке барып алып көпкө ойлонуп отуруп Марстын сыртка чыкканын көрүп көрүнбөй карап турду. Көптөн кийин келген Айдай үйгө кирди. Төрдө Сагын менен Табылды экөө оюнчук менен ойноп жатышкан эле. Негедир Айдайга экөө абдан окшош болуп көрүнүп кетти: "Оо кудай, ушул балам үчүн кызматчы болууга даярмын" деп ойлоп көздөрүнө жаш тегерене калып Салимага көрсөтпөй күлө:

- Эже, балдарыңыз удаа төрөлгөн го ээ? - деп экөөнү тең өөп Табылдыны колуна ала койду, - Экөө аябай окшош экен.

- Бир тууган болсо, окшош болот да. Мына, Айдай, бул үйдөгү эмеректерди жумасына тазалайсың, балдардын кири, көп эмеспиз, төртөөбүз эле, жакса иштей бер, жакпаса өзүң бил.

- Болуптур эже, мага эмес, жасаган ишим сизге жакса көрөбүз, мен деле аял кылган жумушту жасай алам дечи.

- Анда ишке киришүүдөн мурун жакшылап тамактанып ал, - Салима балдарынын жанына отура кетти: - Кагылайындарым ий, - деп экөөнө эзиле калып Табылдыны ууртунан өбө алдына алып отурду. Ошол күнү кеч Марс телефон чалды. Атасы катуу ооруп ооруканага жаткырышып жанында болуп жатышыптыр.

- Сен үйдө эле тура бер, балдар менен кыйналасың, атам бир аз жакшы болуп калса, өзүм барам, - деди Марс.

- Мейли, өзүң чалып тур, жакшы эле болуп кетсин, - деди Салима телефондун трубкасын коюп жатып.

Айдай өзү көрсөткөн боюнча дасторкон жайып чай алып келди, чогуу чай ичишти. Андан кийин үйлөрүн жыйнаштырып жумушка киришти. Салима өз ичинен кубанып атты: "Издетпей табылганы жакшы болду, балдарды өзүм карайм" деп эки баласынын жанында.

Айдай жумуш жасап жүрүп, эси-дарты Табылдыда болуп атып: "Балким чын эле менин балам жоктур, бул экөө бири-бирине окшош, анан дагы аралары эки-үч жаштай эле экен, жаңылып алып бирөөнүн кызматын куру бекер жасап жатпайын" деп ойлонуп дароо кетип калгысы келди. Бирок бир аз күн чыдамак болду.

Бир жума өткөндө Марс келди. Ал машинасын киргизип анан балдары менен Салиманын бөлмөсүнө баш бакты:

- Күчүктөрдүн уктап жатканын кара, Сакиш, мен келдим! - деп эңкейип Салиманы өөп, андан кийин эки уулун өөп, төшөктү ачып Салиманы түрткүлөдү.

- Ии-ий келип калдыңбы, - Ордунан тура калып уйкусурап, - Кандай атамдар жатабы, апам жүрөбү жакшы эле? - деди.

- Баары жакшы, атам кичине дурус болуп калганда келдим, жүрөк түшүп калбадыбы.

- Жакшы болуп калсын, угуп алып аябай корктум, - Салима сыртка чыгып жуунуп келгиче Табылды ойгонуп калды.

- Күчүгүм десе, - Марс уулун колуна ала коюп ууртунан өөп дагы анын жүзүн карап туруп: "Баягыдан окшошуп баратат, Сагынга окшош, демек менин эле балам тура" деп ичи элжирей бооруна кысып отуруп кайра уктатмак болду, - Укта садагам, эми менин эки уулум бар, Сагынымдын шериги, - деп таптап жатты. Бир жаштан өтүп, чала-була тамтаңдап "ата, апа" деп калган Табылды ушул кезде көзүн ачып атасын карап алып кайра жарк эте күлүп төшүнө тумшугун катып:

- Апа, апа… - деп ойноп кирди.

- Оо садагам десе, атасы менен ойноп жатат, - Марс ого бетер уулунун кылыгына тойбой отурганда Салима эшиктен кирип:

- Марс, жүрү чай ичебиз, - деди да Табылдынын ойгонуп калганын көрүп, - Ой ал туруп алдыбы? - деди.

- Сен чыгаарың менен эле ойгонгон, деги кошо жатып турганга көнүп алыптыр, - Марс баланы көтөрө тамактанчу бөлмөгө кирди.

Ал эми отура бергенде колуна чайнек кармаган Айдай кирип келгенде Марс делдейе карап туруп: "Бул кайдан жүрөт, баланын артынан түшүп калган экен, Салима биле электе кетирип жибериш керек" деп ойлонуп жиберди. Айдай: "Көрсүн, мен балама келгенимди билсин, менин жүрөгүм кандай сыздаганын сезсин" деп ойлоп эч нерсе болбогондой жумуш менен алектене берди. Ан сайын Марс санаага батып, уулунун колуна айылдан алып келген алмадан карматып алагды боло берди. Анын бул абалын Салима туйган да жок, Айдай болсо, ого бетер мисирейет. Эртең мененки чайын ичип бүткөндөн кийин Марс менен Салима кайрадан өз бөлмөлөрүнө кирип өздөрүнчө бакылдап Сагынды ойнотуп аны тойгузуп коюп сүйлөшүп жатышты.

- Врач эмне деди анан, атамдын эмнеси ооруптур?

- Эски жөтөлү кармап, эти ысып үч күн үйдө жаткан экен, врачка барганда аны "өпкөңүзгө катуу суук тийген" дептир.

- Карыган кишинин өпкөсүнө суук тийсе көтөрө албайт, жакшы кара деп сүйлөштүңбү анан?

- Ооба, сүйлөшүп келдим, бир ай жатат деди.

- Жакшы болуп кетсе экен эми.

Ошол убакта Сагын;

- Бөө, бөө, апа бөө келатат! - деп быйтыйган эки колу менен көздөрүн чоюп алып Салимага келип коркутуп калды. - Салима коркумуш этип бетин басып койсо Сагын борсулдап күлүп калды.

- Ой, оо-ой Марс, коркуп атам, мынабы бөөнү алчы!

- Коркута бер кана, кана? - Марс аны сүрөп киргенде Сагын кайра Марсты көздөй:

- Бөө, бөө, бөө, - деп келди эле Марс дагы коркумуш этип калды:

- Коркуп кеттим, ой аксакал, коркуп кеттим!

- Аа-аа, корктуңар го? - Сагын ого бетер эки сөөмөйү менен эки бетин чукуй: - коркоктор, коркокто-ор, - деп борсулдап күлүп атты. Табылды болсо Салиманын этегине жармашып: "Апа, апалап" ойноп атат. Булар ошентип кужулдашып отурганда Айдай аларды карап суктанып тура берди. Марс көрө коюп босого жакты карап калганда:

- Сага эмне болду, Марс? - деп артына кайрыла бергенде ал жылып кеткен, - Эмнени карап калдың?

- Эч нерсе, атам дайындаган дарыларды алып бирөөдөн берип ийсемби деп ойлоно түштүм, - Марс оңой жооп тапканына ичинен жым дей түштү. Анан ордунан туруп, - Мен дарыларын алып келе калайын, - деди да сыртка чыгып кетти. Ал чыкканда Айдай сырткы босогодо турган экен, аны көрмөксөн болуп машинаны айдап чыгып кетти. Дароо эле төрөтканага келди ал.

- Саламатсызбы, Нуржамал Сейитовага жолуксам болобу? - деди санитаркадан.

- Чакырып койоюнбу?

- Жо-ок, өзүм кирип жолугат элем, эже, зарыл жумушум бар эле…

- Кирип бат чык, - деп өз ишин уланта кетти санитар аял. Ал киргенде кабинетинде жалгыз отурган врачты көргөн Марс сүйүнүп кетти:

- Саламатсызбы, эже?

- Жакшы, келе гой, эмне жумуш?

- Эже, мен бир жыл мурун ушул жерден бала алып кеткен элем, сиздин колуңуздан.

- Анан?

- Анан, мен сизден чо-оң өтүнүч кылган элем.

- Аткарылган…

- Андай болсо эмнеге бир жыл болбой "төрөгөн энесимин" деп менин үйүмдү айланчыктап бир келин жүрөт?

- Койчу?

- Чын, аны аялым билбейт, дал эле биздин багып алганыбызды бирөө айткандай.

- Андай болушу мүмкүн эмес, ал баланы "өлүк төрөлгөн" делинип дело толтуруп койгонбуз.

- Мен сизге ойноп келген жокмун да, эми аялыма үй кызматчы болуп кирип алыптыр…

- Андай болушу мүмкүн эмес ко, балким жаңылып жаткандыр?

- Адашса менин үйүмдү акмалап, аялым "үй кызматчы керек" десе кирип алабы?

- Жигит, ачууланбай эртең ал келинди ээрчитип кел, териштирип көрөлү,

- Макул эже, аялым укса жүрөгү жарылбайбы, ошол биле электе бир жаңсыл кылалы, - ойлоно калып, - Эже, жалган болсо да аялымдын төрөгөнүн айтыңыз.

- Жарайт, сен бара бер, - дегенде Марс чыгып кетти, - Ушу эне сөрөйлөрдүкү өттү, убагында талаага кызыл эт баланы өлөөрүнө карабай таштап кетишет да, чоңойтуп койсо эне болуп чыга келишет. Шашпа, сени анын үйүнө жакындабай турган кылам.

Марс чыгып баратканда коридорду жууп жаткан аял узата карап кала берди. Үйүнө келип эле жатып ойлонуп калган күйөөсүнө Салима үн дебеди: "Балким чарчагандыр, эс алып алсын" деп ойлоп уулдарын ойнотуп, телевизор тиктеп отура берди. Жатаарда Марс сыртка чыкса Айдай отургучта отуруптур. Абайлай артын карады да:

- Эртең эрте менен Московская-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен күт! - деп коюп ылдам басып үйгө кирип кетти. Айдайдын жүрөгү кабынан чыга дүкүлдөп түнү бою уктабай чыкты: "Ай кудай ай, бала меники экенин айтабы же дагы мени менен ойнош бол дейби? Балким, мени жакшы көрөөрүн айтат" деп толгон токой ойлорго жетеленип таңга маал көзү илинип кетти. Эртеси көнүмүш жумушун жасап үй ээлерине эртең мененки чай тамагын берди да байкатпай чыгып кетти.

- Марс, сен кечээ дары алып келбедиң го? - Салима чай ичип отуруп сурады.

- Кымбат тура, уколун дагы ала албадым, - Марс калп айтып кутулду.

- Ал эмнең, жетээрлик алып албайт белең, менден сурабайсыңбы? - Салима ага таарына үн катты.

- Жаш баладай кыялың бар да, мен жанымдагы акча жетээр деп ойлогом, дагы жакшы баасын сурап койгонум, алып алганымда төлөй албай кайра кайтарсам эмне болот эле.

- Жакшы эле алып ал да, - деп Салима жоошуй түштү. Марс анан машинаны короодон айдап чыгып болжогон жерден Айдайды салып алды да, түз жолду караган бойдон:

- Сен эмнеге келдиң? - деди.

- Уулумдун кандай болуп чоңоюп жатканын көргүм келди.

- Кайдагы бала, өз баламды сен эмне деп жатасың ыя, же атайы үйүмдү бузганы жатасыңбы? - Марс бакырганда Айдай үн дебей отуруп калды.

Төрөтканага келгенде стоянкага токтотту да:

- Түш! - деп бурк этти. Экөө ээрчише врачтын кабинетине киргенде, Марс:

- Мына эже, бул аял менин баламды уурдаганы жүрөт. Менин аялым төрөгөнүн айтып берип коюңузчу, - деди өктөм.

- Отургула, жай сүйлөшөлү, - Нуржамал Айдайды сынай бир топко карап турду да, - Сен кайсыл күнү төрөп кайда, кимге берген элең? - деди.

- Эже, кечирип коюңуз, январдын онунда төрөгөм, шартым жок, атам мени уят кылдың деп үйдөн кууп чыгып, аргасыз бир үйгө таштаган элем.

- Ошондо балаңды эч ким көрбөсө тоңуп өлөт деп ойлогон жоксуңбу?

- Мен тааныган адамдар болчу, - Айдай башын жерге салып сүйлөп жатты.

- Ал баланы төрөт үйүндө деп кайдан уктуң?

- Атайын подругам алардыкына барып билип келген.

- Сен азыр төрөп таштап салганың үчүн жооп берээриңди билесиңби? Азыр балдарды тирүүлөй жетим кылып ууз сүтүн эмизбей канча кыз эч нерсе билмексен болуп жүрөт. Так что сенин балаң бизге келип түшкөндө өпкөсүнө катуу суук тийиптир, бир жумадан кийин чарчап калган. А бул жигиттин аялы ушул төрөтканада январдын жыйырма төртүндө төрөп чыккан. Алардын баарын мен сотто далилдеп берем, аты-жөнүңдү айтчы? - деп катуулап сүйлөгөндө Айдай ыйлап ийди.

- Эже, мени кечириңиз, экинчи барбайм, мага ушул эле жерден бир аял айткан, сенин балаң өлгөн эмес, башка дагы бала түшкөн эмес деп.

- Кимиси?

- Аты жөнүн билбейм, ага төлөгөм.

- Дарегин да ошол берди беле?

- Ооба…

- Сени төрөп таштап кеткен күкүк эне деп сотко берсе кантесиң, анткени ар кайсы жерге ташталган балдардын энелерин таппай жүрүшөт, энелик укугуңдан ажырап, түрмөгө отурганды каалап жатасыңбы?

- Жо-ок, жок, эже, мен билген эмесмин, эч кимге билгизбей эле коюңуз, мени кечириңиз! - Айдай ордунан тура калып эшикке карай ыйлап жүгүрүп чыгып кетти.

- Эже, эми мен сиз менен ачык сүйлөшөйүн, - Марс колундагы конвертке салынган акчаны анын алдына койду, - Төрөлгөн балдардын каны текшерилеби?

- Ийи, сөзсүз группасын текшеребиз.

- Анда менин уулумдун группасы канчанчы экенин билип бериңизчи!

- Азыр… - Нуржамал Сейитова акушерканы чакырып делолорду алып келүүгө жумшады. Бир аздан кийин көп делолорду көтөрүп келди ал. Аларды өзү аңтарып жатып бир делону алып чыкты да, - Та-ак мына ушул, сенин балаңдын делосу, бизге он үчү күнү келген. Кан группасы биринчи экен, - деди Марсты карап.

- Оозуңузга май! - Марс Нуржамал Сейитованын колун бекем кысып койду да тез-тез басып баратып артына кайрыла кубанычтуу колун булгап, - Рахмат сизге! - деп чыгып кетти. Нуржамал Сейитова анын бул кетип баратышына жылмайып алды да, эч нерсеге түшүнбөй ийинин куушуруп коюп кала берди.

Үйүнө көңүлү жайдары келген Марсты Салима таңгала тосуп алды:

- Оо-ой Марс, кечээ аябай санаага чөгүп келдиң эле, бүгүн жайдарысың го ыя?

- Баары ойдогудай, жакшы бүттү, Сакиш! - Марс Салиманы кучактап өөп коюп балдарын эркелете, айрыкча Табылдыны көтөрүп көкөлөтө, - Уулум, менин уулум, садагам менин, - деп өпкүлөп кирди.

- Деги сага эмне болду, Марс?

- Эч нерсе, Салима, сени менен сүйлөшчү сөздөр көп! - деди анан креслого отуруп жатып.

- Эмне, тынччылык элеби?

- Тынччылык, болгону менин кубанычымда чек жок, тиги кызматчың жүрөбү?

- Ал бүгүн эртеден бери жок, кайда кеткенин билбейм.

- Анда мындай, Салима, - Марс Салиманы колтугунан ала жанаша отургузду да, - Мен бүгүн ачыгын айтышым керек, - деп өөп коюп ойлонуп бир азга унчукпай Салиманы карап отура берди: "Балким мени сүйсө түшүнөөр, ушунчадан бала багам деп, менин баламды багып атканына кайгырбас бекен, мени сүйөт, кайра сүйүнөт болуш керек" деп ойлоп, - Сакиш, менин сага айтайын дегеним, Айдай эми келбейт, аны мен врач гинекологго ээрчитип барып экинчи келгис кылдым, - деди эле Салима аны таңдана карап калды:

- Эмнеге?

- Анткени ал Табылдынын апасы экен!

- Эмне-е?!

- Ошондой, бул менин да балам!

- Эмне деп жатасың, Ма-арс?

- Туура, чындыкты айтып жатам, - Марс аны ийинден ала соорото болгонун айтып берди, - Ишенсең ошол кезде мен өз үйүмдөн качып калгам. Зайнаны, кайненемди көргүм келбей талаалап жүргөндө жолуккам ушул Айдайга.

- Оо кудай! - деп алды Салима заманасы куурула, - Анан сен Табылдынын ошол төрөгөн бала экенине чындап көзүң жеттиби?

- Баарын тактадым, ошентсе да экөөбүз бир күнү барып текшерип көрөлү.

- Кыз-зы-ык, ошол күнү барбасак балким башка бирөө алып кетмектир..

- Мен дагы ошону айтып атпайынбы асылым, кудай өзү баламды өзүмө насип кылып турган да, асылзаадам менин, сен болбосоң ким билет, - Марс Салиманы кучактай көздөрүнөн өөп, көкүрөгүнө кысты, - Мага таарынып, капа болгон жоксуңбу Салима?

- Жок-жок, эмнеге, өмүр бою сенин балдарыңдын богун жуусам да ыраазымын, бирок таң калып жатам Марс, сени сүйүп, сен деп жашап анан кантип капа болоюн, кайра кубанып турам, сенин балаң менин балам да?! - Салима көздөрүнө жаш толо Марска күлүмсүрөй карады.

- Ардагым ий, мен сенин ушинтээриңди билгем.

- Менин жашоом, өмүрүм, дем алган абам силерсиңер, алтыным… - Марс аялын кучактаган бойдон ойлуу отуруп калды. Бири-бирин түшүнгөндөй болгон жубайлардын көз алдында башынан өткөн окуялар чууруп өтүп жатты. Канчалаган тагдырларды өткөрүп жашоолорун кайрадан баштаганга ыраазы болуп турду экөө тең. Жанында жаңыдан там-туң баскан Табылды менен Сагын ойноп отурат. Марс күн өткөн сайын Табылдынын өзүнө окшошуп баратканын көрүп кубанычы койнуна батпай: "Баласыз болуп каламбы деп ойлодум эле, ушунуңа шүгүр жараткан, жаркылдаган жарым, бойтоңдоп ойногон балдарым бар, бактылуумун" деп өзүнчө кудуңдап алат.

Арадан дагы эки жыл өтүп, уулдары чоңоюп окуп калганда Марс:

- Салима, бир нерсе айтсам капа болбойсуңбу? - деди бир күнү.

- Качан сенин сөзүңө капа болуп жүрчү элем, - Салима күлө карады, - айта бер.

- Балдар чоңоюп калды, Сагын окуп жүрөт. Ойлосом, сага жардамчы керек болуп турат, ишибиз жакшы, бир улгайган аял болсо кызматчы жалдабасак болбойт.

- Мен дагы ошентип ойлогом.

- Анда сен барып таап кел, радиоузелден эле тап, жаш кыздардан алба, улгайганы жакшы. Болсо, эч кимиси жогу жакшы.

- Дагы бир аялды алып келип күйөөгө берелиби? - Салима күлүп Марсты эркелей карап койду, - дагы жуучу чыгып калсачы?

- Эми жуучу чыкса да бербейбиз, өзүбүз өлгүчө колубузга алып жүрө беребиз. Өлсө өзүбүз койо турган болсун, - Марс ойлуу Салиманы карады, - Анан дагы эгер туура көрсөң кыз багып алалы, ал чоңойсо сага эрмек болот.

- Марс, дагы эмнени ойлоп таптың, жаш бала багып алсак магазинди ким карайт?

- Оо-ой алтыным десе, кыз бала жакшы болот эмеспи, сага карап жатам.

- Билбейм… - Салима ойлуу телмирди: "Өзүм төрөбөсөм, өзгөдөн чыккан балдарды бакканга жаралдым беле жараткан, жок эле дегенде бирди өз канымдан төрөп алсам болбойт беле" деп ичинен өкүнүч кылып отурганда Марс анын жанына келип, колдорунан кармап көңүлүн көтөрүүгө далбастады:

- Өзүң бил жаным, жүрөгүңдү оорутуп, капа кылып алдымбы, мен сага жеңил болобу деп ойлогом, капаланбачы эми.

- Капа болгон жокмун, бакса багалы, бирок буту басып калганы болсо жакшы болот го дейм?

- Туура, мен дагы ошондой болсо деп ойлойм да, эрмек болот.

- Анда эртең барып балдар үйүнөн сураштырып кезекке туруп койолу ээ? - Салима Марсты карады эле ал кубанып кетти.

- Сөзсүз эртең баралы, анткени чоңойгон балдарга заказ көп болот.

Ошентип экөө кеңешип болуп сыртта ойноп жүргөн балдарына чыгып, Салима кечки тамакка киришти. Дарбаза такылдаганынан Салима колу бошобой:

- Марс, бирөө келди окшойт, карачы! - деп үн салды. Аңгыча эшик ачылып кобурашкан үндөр угулуп калды. Алар Лилия менен Шамбет болчу, Марстын башын куттуктап, уулун көргөнү келишкен. Марс аларга Салима чыга электе түшүндүрүп койду.

- Оо Салима, кандай ден-соолук, балдар чоңоюп жатабы, жакшы жүрөсүңөрбү? - деп Шамбет бакылдай Салима менен учурашты. Лилия жөн гана баш ийкешип учурашкан болду.

- Жакшы-жакшы, үйгө киргиле, - Салима аларды жаркылдап жакшы маанай менен тосуп алып үйгө киргизди. Шамбет алардын жашоосуна ичинен суктанып алды: "Эшигинде эки машина, үйү болсо чет элдик эмерекке толуптур, магазин ачыптыр" деп ойлонуп калганда, Марс:

- Анан кандай, өзүңөр жүрөсүңөрбү жакшы, уулуңар чоңоюп жатабы? - деп аларга бакылдап кирди. Шамбет Марс ооруканада жатканда эки жолу келип кеткен, Зайнанын кеткенин билчү эмес. Салима ашканага чыгып кеткенде көзүн кыса сурап калды:

- Ээ дос, бу Зайна жок эле Салима болуп калыптыр, эмне болуп кетти?

- Ал узун жомок досум, кыскасы бир жайчылыкта айтып берем, азыр болбойт.

- Мейли анда, эмнеси болсо да өзүң сакайып кетипсиң, ошого кубанып Лилия экөөбүз башыңды куттуктап койолу деп келгенбиз.

- Рахмат, мен дагы шүгүр деп турам, азмаз буту-колум ооруп жүрөт, сол бут, сол колум иштебей калып коркком, эми дурус, - Марс сол колун ары-бери булгап, салааларын кыймылдатып койду. Салима дасторконго мөмө-чөмө баш кылып жайнатып чай койду.

- Аяш, баягыдай эле экенсиң, канчадан бери көрүшө элекпиз.

- Адам өзгөрүлүп турабы? Мен төрөлгөндө ушундай төрөлүпмүн, ошол эле бойдонмун, - Салима каштарын кере жылмайып койду.

- Адам ар түрдүү аяш, колуна майлуу токоч тийип, капчыгы торсоюп калганы керсейип калат, бу сен Марска таптырбай кетип аябай байыптыр деп уктум эле, өзгөрбөпсүң го? - Каткырып калды, - Деги экөөңөрдүн сүйүүңөргө суктанса болот.

- Тандап сүйгөм да, биздин сүйүүбүз Олжобай менен Кишимжандын сүйүүсү, - Салима да жөн калбай тамашалай сүйлөдү.

- Чын эле, сен кеткенде Марс жаман болбодубу, жок дегенде айтып кетсең болмок.

- Досум, ал эми өткөн иш, козгобой эле койолу, андан көрө атасынын көрү, канчадан бери чер жазып отура элекпиз, Салима баягыңдан алып кел, бүгүн бир көңүлдү достор менен ачалы.

Аңгыча Табылды ойгонуп ыйлап калганда Салима барып көтөрүп келди.

- Оо азамат, уулум чоңоюп калган тура, келе уулумдун көрүндүгүн өзүнө берем, - деп Шамбет Табылдыны алдына ала коюп чөнтөгүнөн беш жүз сом алып чыгып колуна карматты эле ал чалкалай ыйлап албай, апасына качып туруп алды. - Кой, Салима, уулум менден чоочуркап атат, - деп баланы кайра берди Шамбет.

- Шаке, бул кичүүсү, чоңу окуп калбадыбы, ал дагы эми ойгонот, - деп Марс өзүнчө кубана жылмайды.

- Болсун досум, болсун, уулдарың аман болсун, - Шамбет аны карап кубанычын тең бөлүшчүдөй, - Ушу балдарыңар өмүрлүү болушсун! - деди.

- Айтканың келсин Шаке, кел эмесе бүгүнкү жолугушканыбыз үчүн мындан алып койолу! - Марс жетине албай арактан куйду, - Мен көптөн бери иче элек элем, бүгүн алып койоюн.

- Салима, кана сен дагы алып кой, - Шамбет Салимага карады.

- Мен да алам Шаке, бу аяш менен таанышканым үчүн ичпей анан! Кел, Лилия, алып кой!

- Мен ичпей жүрдүм эле.

- Ой энеңди, эмнеге ичпейсиң, мындай достордун үйүндө ичпесең болбойт! Ал, алып кой, - Шамбет аялын оңурая карады эле ал стаканды колуна кармап туруп калды.

- Аяш, баятан бери зымырайып деле сүйлөбөйсүң, кана бир жакшы каалооңду айтып койчу! - Марс аны карап сөз күтүп жылмая отуруп калды.

- Ой, буга сөз тийсе таң аткыча сүйлөй берет, андан көрө мен сүйлөйм! - Шамбет стаканды кармап өйдө көтөрүп, - Маке, ушул уулдарыңдын өмүрү узун болуп, элдин керегине жараган азамат жигиттерден болсун, аларды эч нерседен кем кылбай өстүрүп өзүңөр дагы аман болгула! - Шамбет стаканды көтөрүп жиберди эле Марс, андан кийин Салималар алып ийишти. Лилия ачык айрым, ак көңүл кыз эле, Шамбеттин ичкенден кийин дароо эле кычыктанып, колуна тийген нерсеси менен коюп жиберген адатынан улам кийин абдан түнт болуп кеткен. Бир кыз, бир балалуу болгонуна карабай эле ал аны сөгүп "кет, жогол" деп тура калат. Балдарын кыя албай тагдырына таарынып тийген күйөөсүнүн ушундай болуп калганына өкүнүп жашап келе жатат. Ал үндөгөн сайын күчөнүп сөгүнө бермей адаты бар. Шамбеттин аялын сөгүп эл көзүнчө уят кылганы Марс менен Салимага жакпады. Экөө тең: "Эгер Кызгалдакты алганда деле ушинтип турса бизге жаман болмок экен" деп ойлоп калышты. Марс андан кийин Лилияны "ич, сүйлө" деп айткан жок. Эки-үч рюмкадан алып жиберген соң Шамбет кызый баштады:

- Эй энеңди, менин досумдун үйүндө жакшына отурбайсыңбы ыя, же сага жакпай калдыбы? - деп кекетип кирди.

- Шамбет, уят эмеспи, бир келип кеткен жериңде уят кылбай, мен эмнеге жактырбай коймок элем, - Лилия кызаңдай аны карады.

- Ики, акмак, өлүмүш болуп калганын мунун! Сүйлө, ырда, жакшына отур!

- Болуптур сүйлөйм, сөгүнбөчү бай болгур.

- Сөгүнгөндө сөгүлүп каласыңбы ыя? - Шамбет ага опурула баштаганда Марс аны тыйды:

- Шаке, антип аяшты урушпай отур эми, сенин мындайыңды көргөн жок элем, эмне болуп калгансың? Аял кишини сыйлаш керек.

- Аялга жакшы айтсаң көөп кетет Маке, андан көрө жумасына шайтанын күбүп туруш керек! - Шамбет калп каткырып койду, - Ушу энеңдур-райынды көргөндө эле жиним келе берет.

- Анда эмнеге алдың ыя? - Лилия ызаланып аны карады.

- Өзүң да, артымдан калбай "боюмда бар, албасаң өлөм" деп.

- Болду жөн отур Шамбет, жөн болбосоң үйгө кетип калам.

- Жөнө, азыр кет, үйгө барбайсың, атаңкына кет! - Шамбет аны ачуусу келе уруп жибере жаздаганда Салима:

- Шамбет, биздин үйгө жакшы ой, жакшы ниетиң менен келдиң беле же ушул жерден урушканы келдиңби? - деди кабагын бүркөй, - Сени жакшы жигит деп жүрсө… - Салима: "Уяткарсам унчукпай калаар" деп ойлоду, - Аялга жаман эркек теңелет, - деди эле ал кайра эле:

- Аяш, ушул жаман катын болду, "аял жакшы эр жакшы" дейт го, бул мени бузду, - деп ырсалаңдай күлдү. Лилия сырын билет белем, үндөгөн жок.

- Кел досум, урушкандан көрө ичели, сен келип кубанычым койнума батпай сүйүнүп жатсам сен аялың менен эле кайым айтышасың. - Марс рюмкаларга арактан куюп төртөөнүн алдына койду, - Аялды көп эле уруша берген болбойт, сенин мындайыңды билбейт экемин.

- Эчтеке болбойт, эки баланы өзүм багып алам, кете бер десем болбойт, - деп күлүп калды.

- Сен кет дегенде кеткидей ит белем, - Лилия дагы жаакташмак болгондо Салима башын чайкап "унчукпа" дегендей ишаарат кылды эле ал үндөбөй отуруп калды. Ортодо тынчтык орной түштү. Балдары менен алышып кайра тамак жасап жүргөн Салима Шамбетти жаман көрүп калды: "Кудай бир сактаган экен, байкуш Кызгалдактын көзү ачык эле турбайбы" деп ойлоп атты. Сагын менен Табылдыны өзүнчө отургузуп тамактын алдын берди да чоң табакка аш салып келип алдыга койду. Тамактын алдында дагы бирден алышты, ошентип көптөн бери жолугушпай калган эки дос чер жазып отурганга тете болду. Марс өкүнүп атты: "Ушундайынан мурунку аялы кеткен тура. Ачык-айрым, шайыр неме минтип жүдөп да, түнт болуп да калыптыр" деп ойлоп жийиркене карады. Анткени өзүндө мындай адат жок болчу. Андан кийин дагы Шамбет аялына жинденип сүйлөнүп атты, эч кимиси көңүл бурбай койду эле, ал алакан жайып бата кылып сыртка чыгып кетти. Лилия үндөгөн жок, ичинен сызып отура берди. Аңгыча эшиктен баш баккан Шамбет:

- Эй энен-еңди, кетебизби-ии же жокпу? - деп сөгүнүп калды, - Бата кылып турбадымбы, сен качан турасың?

- Кел, чогуу бата кылалы, - Лилия ага карап колун булгады, - Кел, эми сен жаш бала эмессиң да.

- Шаке, ичсең деле мындай эмес элең, бу сага эмне болгон? Кел отургула бир аз, биерде элесиңер го, бат эле жетесиңер, - Марс аны үйгө жетелеп кирди.

- Сүй-дүм эле би-ир кыз-зды,

Жооп бербеди ал сул-луу.

Жүрөгүм-мдү оорутуп

Ке-ети-ип кал-ды ал сул-уу!

Шамбет тамтаңдай ордуна өтүп отургандан кийин Лилия:

- Кел бата кылып кетели, - деди.

- Ой эн-не-еңди, мен-н эч жак-ка кетпейм!

- Болуптур кетпесе, бул абалында машинасын айдаса гаилер кармап алат, жатып эле алгыла, - Салима Лилияны карады.

- Балдарды коркуп калабы деп жатам, болбосо… - Лилия кыңырылып калды.

- Ары тартышып отура бербей тынч эле жатып алгыла, - Салима Лилияны карап жооп күтпөй эле төшөнчү салып аларга орун даярдады. Анан үстөл үстүн жыйнабай туруп жатып калышты.

- Мен ж-жат-пайм, уулум менен кызым коркот, - Шамбет аялын түрттү, - бас эй к-кат-ын, - Аркы бөлмөдөн кайра ордунан турду.

Марс аны тим койду. Жатып алган Лилия да кийинип туруп кошо чыкты. Мас абалда рулга отургандан чоочуп Марс аны өзүнүн машинасы менен жеткирип келмек болгондо ал болбой эле өзүнүн машинасына отуруп Лилияга ызырына кетти:

- Отурбайсыңбы, эмне жалдырайсың! - дегенде Лилия унчукпай отурду, - Маке, биз кете - ли ээ, балдар ыйлап калат.

- Капа болбой кеткиле эми Шаке. Кызуусуң, гаилер түндө жолду күзөтүп калышчу эле, этиет болуп жакшы жетип алгыла, - Марс анын колун кармай коштошту. Салима дагы алар менен коштошуп үйгө киришти.

- Марс, Шамбет мындай эмес эле го?

- Кайдан билем, аялга ошондой болсо керек, Лилия шакылдаган ачык айрым кыз эле, таптакыр өзгөрүптүр.

- Бизди кудай уруп Кызгалдыктын убалына калмак экенбиз ыя?

- Мен дагы ошону ойлоп аттым, Кызгалдак жөн эле көзү ачыктай билген тура.

- Ошону айтсаң, биз дагы уят болмокпуз да, ырас болгон экен буга макул болбой койгону.

- Байкуш десең, эркектин ушундайын биринчи көрүшүм, - Салима ойлуу Марстын мойнуна колун оролтту, - Сен мени эч бир сөгө элексиң го?

- Сен ага жол бербесең эмнеге сөгөм, сендей асылзаада аял чанда болот, алтыным.

- Ашыра мактабасаң, - Эркелей кетти, - Зайнаны деле сөккөн жоксуңбу?

- Эмнеге сөгөм, жиним келип жүргөндө дагы үндөгөн жокмун, кийин келгенде да жөн эле "кетип кал" деп койдум.

- Алтыным десе, мен эмес сен асылжан эркексиң Маке, аял сыйлаганды билесиң, - Экөө көпкө сүйлөшүп жатып балдарын ортолоруна алып уйкуга киришти. Өмүр бою бири-бирине өйдө карабай сыйлашып өткөнгө не жетсин, бул эки жубайдан өткөн бактылуу жок азыр.

Эртеси эртелеп турган Салима балдары ойгонгуча чай коюп, тамагын ысытып күтүп отуруп, Марска:

- Балдарды ойготпой эле койолу, сен тойгузаарсың, баары даяр, чайыңды ичип жанында жата тур, мен балдар үйүнө эртерээк барып ылайыгын көрүп, өчүрөткө тур десе жазылып келейин, - деди.

- Ошент жаркыным, ак кушум менин, ушу сенден айрыбаса экен кудай.

- Мени дагы, сенден айрылбай көөп-көөп жылдар бирге жашап, уулдарыбызды үйлөп-жайлап чоң-ата, чоң эне болсок кандай бакыт.

- Тилегибизди берер кудай, үмүтүбүздү актаган балдар болуп чоңойсо биздин багыбыз да, эртерээк жөнө.

- Мына, кийинип алайын, - Салима үйгө кирип кийинип, жасанып чыга калганда Марс аны кызганып алды: "Ушуну кыркка чыгат деп ким ойлойт, мүчө бою келишип турса дагы эле бир чоң алам деп жүрбөсүн, мындан ары өзүн койо бергеним болбойт, балким азгырылып кетип мени таштап кетип калса" деп ойлоп аны узатып, машина чыккандан кийин дарбазасын жаап үйгө кирди. Эки уулу эч нерседен капарсыз уктап жатат бышылдап. Алардын жанына кыңкая жатып алды да таңкы ширин уйкунун кучагына киргенин байкабады.

Салима адегенде балдар үйүнө келди. Директору келе элегинен көп күтүп калды. Келээри менен маңдайында отурду:

- Эже, мага эки, үч жаштардагы кыз керек.

- Азыр бизде андай кыздар жок, ну поступать этип калат, бирок кайра эле алып кетишет, - директор аны карап, - Мени Алтынай Жусуповна десеңиз болот.

- Сизге телефон номер берейин эже, эгер дал мен айткандай кыз болсо чалып коюңуз.

- Ма-акул, өчүрөткө жазылып кой.

- Кезектегилер көп болсо азыр тийбейт чыгаар…

- Андай деле эмес, ончакты адам бар, алар дагы кыз дешип күтүп жатышат.

- Эже, сиздин колуңузду куру койбойм, балдарга дагы жардам берип кетем.

- Андай болбойт, ата-энесиз балдарды биз сообуна калалы деп ата-энелүү кылабыз, мен эч нерсе албайм, эгер болуп калса чалып койом, өзүң дагы бул жердин телефонун алып кет, билип турасың, уул бала керек эмеспи?

- Рахмат эже, менин эки уулум бар, кыз багып алалы дегенбиз күйөөм экөөбүз.

- Болуптур чалып тур, эгер бүгүн-эртең болуп калса өзүм чалам.

- Рахмат эже, эки-үч жашта болсо кабарлап коюңуз, - Салима сылык коштошуп чыгып кетти.

Марс кадимкидей болуп калганда өз ишине кирип иштөө үчүн директоруна кирди.

- Оо кел Марс, ден соолук жакшыбы, сени көрүп келе албай… жумуш чачтан көп, - деп саламдашкан соң директору аны отур дегендей колун отургучту көрсөтө жаңсады, - Ийи жигит, кандай анан?

- Жакшы, эми дурусмун, - Марс алакан жая жылмайды, - Мен жумушка кирсемби деп келдим эле…

- Туура кыласың, мына бир жылдан ашты, ордуңа бирөөнү алганбыз, сен ооруп жатканда бир жолу эле чогуу көрүп келгенбиз, эсиңдедир.

- Эсимде аксакал, баягы эмгектеримди жазып бүтүрөйүн деп калдым, буйруса.

- Эң жакшы, сенден үмүтүбүз чоң эле, оору дөөнү карып кылат деген, мынча жакшы болуп калыпсың, улант эми.

- Ооба, улантып ишке ашырбасам болбойт.

- Эмесе ооруп жаткандагы бюллетениңди алып кел да, эртеңден ары өз ордуңа келе бер!

- Рахмат, аксакал, - Марс коштошуп сыртка чыкты да таза абага көңүлү сергий өзүнчө толкунданып алды. Күн мемиреп нуруна канчалаган адамдарды жылытып тегиз ааламды жаркыратып турган. Көңүлү көтөрүлө үйүнө келди. Келсе Сагын мектепке кетип, Табылды Салиманын жанында ойноп жүргөн экен...

Балдары менен өздөрүнчө жашоосуна ыраазы болгон жубайлар кубанычка балкып тамактанып отурду.

- Мырзам, бүгүн сиз кайда барып келдиңиз? - Салима Марсты жылмая карап сурады.

- Менин сага айтаар чоң жаңылыгым бар, эртеңден баштап өз ордума иштемек болдум.

- Чынбы?! Ырас болгон тура, үйдө отуруп зеригип да кеттиң, иштесең иште.

- Ооба, түштөн кийин справкаларды даярдап эртең барам.

- Сен өз ордуңа иштесең мен сенин ордуңа бала багып үйдө болом да, магазинди арендага берип койбоюнбу?

- Ошент, балдарды карабасаң болбойт, Сагынды сабагын окутпаса болбойт.

Аңгыча телефон чыр этип калды. Салима трубканы алды эле:

- Саламатсыңарбы, бул Салима бекен? - деди телефондогу үн.

- Ооба, мен угуп жатам.

- Сиз тезинен келип калыңыз, бизге эки жаштагы ата-энеси жок кыз түштү, эч кимиси жок экен.

- Азыр, азыр барып калабыз! - Салима трубканы коюп Марска сүйүнчүлөп кирди, - Марс, балдар үйүнөн чалды, эки жашар кыз табылды дейт!

- Качан барыш керек экен?

- Азыр, "азыр келип калгыла" деди.

- Кеттик анда, Табылдыны алып алалыбы?

- Ооба, аны алып алабыз, - Шашкалактаган Салима арыдан-бери кийине салып Табылдыны ээрчитип машинага отурду да, жөнөп кетти. Алар келсе директор кабинетинде отурган экен.

- Келиңиздер, азыр мен кызды көргөзөм, жакса алгыла! - деп ордунан туруп кабинеттен чыкты да көздөрү бакырайган, чачы өстүрүлгөн эки жашар кызды ээрчитип келди. - Мынакей, бул кыздын эч кимиси жок экен, ата-энеси авариядан каза болуп караары жок коңшулары алып келишти.

- Оо-ой садага, аты ким экен? - Салима отурган жеринен туруп келип кызды колуна ала койду.

- Атын Зарема дешти.

- Аты жакшы экен, мага жакты. Марс, алып кетелиби? - Ал Марсты карады.

- Алабыз, мага да жакты, дал мен ойлогондой кыз экен.

Марс Зареманы жакшы көрүп, үйүнө келбей туруп эле толчокко бурду машинасын.

- Кайда? - Салима Марсты суроолуу карады.

- Толчокко, Заремага кийимди жаңы сатып берели да, үстүндөгүсүн чечип ыргытып жиберели.

- Ырас эле, ошентели. Баса, Марс, менде бир сунуш бар.

- Кандай сунуш? - Жолдон көзүн албай сурады Марс.

- Зареманын атын өзүбүз коюп алалы…

- Эмнеге, сага жакпай жатабы?

- Жо-ок, бирок өзүбүз которуп алганыбыз жакшы го дейм?

- Ма-акул жаным, сен айткандай болсун, - Марс токтоп атып айтты муну. - Жүргүлө, эми бул сулуу кызды баштан-аяк кийгизели.

Ээрчише базарга кирип келишти. Кыдырып жүрүп кийим-кече алып чыгышты да үйлөрүнө келишти. Салима үйгө кирээри менен Зареманы чечиндирип, жаңы кийимдерди кийгизди да:

- Марс, кызыңды карачы, кандай кыз болуп калды? - деп кубана күлүңдөдү.

- Оой менин көпөлөгүм десе, куурчактай болуп өзү да абдан жакшынакай кыз экен, өзүңө окшоп сулуу болот го ээ алтыным, кыздуу болушуң менен!

- Рахмат жаным, сенин дагы, ушундай чүрөктөй кыздуу болушту өзүм да кыялданып жүрдүм эле…

- Кут кылсын, - Марс Зареманы колуна алып эркелетти эле Табылды бир жагына жармашып:

- Ата, ата дейм, аны эмне алып келдиңер, эми силер аны карап мени карабай койосуңарбы? - деп таарына тултуйду.

- Уулум, бул кичинекей, карындашың болот, сени да муну да карайбыз, силер бир тууган болосуңар да, азыр сабактан Сагын келет, ал дагы карындашын көрөт.

- Эмнеге муну мурун апкелген эмесиңер? - Табылды атасына карады.

- Чоңойсун дебедикпи? - Салима сөз таппай калып анан эптеп жооп берип Марсты карады, - Атаң ооруп калып, Сагын экөөңөр менен мен кыйналбадымбы.

- Аа-аа, - деп койду Табылды түшүнгөнсүп.

- Марс, Жанетта деген ат сага жагабы?

- Болот жакшы ат экен.

- Мындан ары Жанетта деп чакырабыз ээ, кызым? - Салима кызды кучактап эки ууртунан чопулдата өөп койду.

- Апа-а! - деди ошондо гана баятан бери унчукпай чоочуркап турган кыз Салиманы карап.

- Оов, садагам десе, эмне болду Жанетта?

- Апа-а! - Салимага колдорун суна жүткүнгөндө ал Марстын алдынан ала койду, кыз аны мойнунан кучактап бекем кысып, - апоов, - деп атты. Тили анча чыга элек наристе кантсе да алардын өзүнө кылган мамилесинен улам ата-энесин тапкандай болду бейм, - Ата, апа… - дей берди. Анын эмнени айта албай атканына түшүнбөй Марс кайра ала коюп эркелетип кирди:

- Ананайын көпөлөгүм, ата, апа дедиңби? - кубанычы койнуна батпай, - Салима, кызымдын курсагы ачкан окшойт, - деди аны карап.

- Азыр, - Салима сыртка чыгып кайра кирди, - Азыр атасы, тамак даяр, жүргүлө ашканага! - деп чогуу ашканадагы отургучтарга отуруп жатканда Сагын келип калды. Бабырашып кечки тамакты чогуу иче башташты.

***

Калбүбү эмне кыларын билбей көпкө турду да, такси менен берилген дарек боюнча жетип барды. Абазбектин абалы өтө эле оор экен, дароо ооруканага алып жөнөдү. Керектүү дары, уколдорун берип коюп ойлонуп жатты: "Эмне күч келди экен, жанын кыюуга кандай себеп түрткү берди". Кечке кыйналып, кечинде эс алып көзү илинди оорулуунун. Дагы жакшы, суу кошуп ичиптир. Кекиртек анчалык күйгөн эмес. Он күндөй жатып дурус болуп калды. Ошондо да Калбүбү киргенде үнсүз мелтиреп карай берет. Анын көз айрыбай карай бергенинен ал да тажады, ал жаткан палатага кирээрде жүрөгү "зырп" этип алып заарканчу болду. Чыгаар күнүнө эки күн калганда Авазбек кабинетке баш бакты:

- Саламатсызбы, Калбүбү Темирбековна!

- Саламат, кел отур, эмне жумуш? - Калбүбү аны карабай туруп жооп берди.

- Сиз мени жаш деп теңиңизге албай жатасыз, билсеңиз сизсиз мен эч жашай албайм, неге мени менен сүйлөшкүңүз келбейт?

- Авазбек, сен көчөдө эмес, кабинетте отурганыңды унутпа!

- Билем, баары бир мени сүйлөтпөй койо албайсыз, мен сизди сүйөм уктуңузбу, сүйөм!

- Секин сүйлө, бул жерде эч кандай сүйүү жөнүндө сүйлөшүүгө болбойт, бар палатага! - Калбүбү дагы эле аны карабай сүйлөп жатты, - Мени жайыма кой, Авазбек!?

- Мен сизди жөн койбойм, менин сүйүүм жоопсуз калышы мүмкүн эмес!

- Бар, жакшылап сакая берчи, анан сүйлөшөбүз, - Калбүбү аны аргасыз тынчтандырууга өттү, - ден соолугуңду кара, бар бара гой!

- Анан мени менен сүйлөшөсүзбү?

- Ооба, сакайып ооруканадан чыкчы, анан көрөбүз.

- Мейли, сизге ишенем, - Авазбек башын жерге сала кабинеттен чыгып баратканда алдынан сестра чыга калды. Ал булардын сөзүн тыңшап туруп ал чыгып келатканда кирип келаткан боло калды. Авазбек үндөбөй чыгып кетти.

- Калбүбү Темирбековна, кечээги операция болгон адамдын абалы өтө оор, кыйналып жатат.

- Ким операция жасады эле?

- Асылбек Жапарович.

- Азыр, мен барам, - Калбүбү ойлуу столго өбөктөй отуруп: "Чунак баланын сүйөм дегени эмнеси, арабыз жыйырма жаш, эптеп соорото турайын, унутуп кетээр" деп ойлоп алды да, кабинеттен чыгып оорулууну көздөй жөнөдү. Ал келгенде оорулуунун кан басымы көтөрүлүп жаткан экен. Онтоп атты, жанына отура калып тамырын кармап көрдү да, өзүн карап жооп күтүп турган сестрага карады:

- Эч нерсе эмес, укол бергиле, андан кийин дагы көрөм, операциясы өтө оор болуптур, - Оорулуу адамды карады, - Кадырбеков, сиз эч коркпоңуз, жакшы болуп кетесиз, - деп тигилген жерин караса кызарып кетиптир. Калбүбү чоочуп кетти, - тигилгени туура эмес болуп калыптыр, операционныйга жеткиргиле, кайрадан тигиш керек!

- Жарайт, Калбүбү Темирбековна! - сестра чыгып кетип кайра носилканы алып экөө жетип келишти. Аны ачып жатып Калбүбүнүн көзү чакчайып:

- Мунун ичине кандайча бинт калып калды, ошол шишитип жаткан тура, - деп бинтти алып таштап спирт менен ал турган жерди жууп кайра тикти, - Кала берген бинт ичегинин үстүлөрүн карайтып өйкөй баштаптыр, дагы эки күн болсо ырбап кетмек…

- Калбүбү Темирбековна, ошондо свет өчүп калып шашып шам менен тигилген эле, ошондо капысынан калып калган тура…

- Эчтеке эмес, эми жакшы болуп калат, - деди ойлуу чепчигин алып, маскасын чечип жатып, - Кайдыгерлик бир өмүрдү жалмап салат, ар бир мүнөт сайын биз адам өмүрүн сактоого ант бергенбиз, антты бекем сакташыбыз керек.

Калбүбү операционныйдан чыгып кабинетке келди. Кайрадан Авазбек көз алдына келди: "Эмне кылып көөнүн калтырам, кантип суутам, балким ооруканадан чыгып алып дагы тынчымды алаар, чунак бала десе, кайдан дагы бул жерге кабылды эле, балким бул дагы тагдырым тартуулаган сыр болуп жүрбөсүн?" деп ойлоно берди. Күндүн өткөнү, ар бир мүнөтү кымбатка тураарын сезбеген пенде балким такыр жоктур, бирок адам ар түрдүү эмеспи. Калбүбү үчүн секунд сайын баскан кадамына чейин кымбат, бирок Авазбекке өмүрү да оордук кылгандай… Анткени Калбүбүнү өзүн сүйдүрүү үчүн эмне деген кадамга барбасын ал солк этип койбогонуна жини келди. Ооруканадан чыгып кеткендин эртеси эле анын кабинетинде дагы бир гүл бажырайып турду. Мурункулардан айырмасы жок тогуз гүл. "Өх" деп алды ал: "Не деген пенде эле бул, менин жашоомо аралашты да калды, арты жакшы бүтсө болду". Көнүмүш адатынча жумушу оорулууларды эртең мененки текшерүүдөн башталды. Түш ченде анын телефону чыр этти, трубканы ала койсо Авазбек экен. Түштөнүүгө чакырды. Калбүбү трубканы коюп койду. Кайра чырылдады. Башын мыкчый отуруп калды: "Бул жерден кетип, таптакыр көрүнбөй койсом окшойт" деген ойго келди да отпускага чыгып кетмей болду. Аңгыча кабинетине улгайган аял баш бакты.

- Жакшысыңбы кызым?

- Жакшы, жакшы келиңиз! - Калбүбү анын Акбермет экенин дароо тааныды.

- Келдим айланайын, билесиңби баягында ооруп келгемин, сенден бөлөк бирөө болсо кесип таштайт беле ичимди, сенин айтканың чын болуп жоон ичегим сезгениптир, эми кудайга шүгүр жакшы болуп калдым, рахмат садага.

- Эч нерсе эмес, эже… - Калбүбү андан уялгандай кызарып кетти, барып турам деп унутуп калганына уялды, - Эң башкысы сакайып кеткениңиз жакшы болуптур.

- Кызым, эгер жашыруун болбосо сен мени тааныган жоксуңбу? - деди Акбермет столго өбөктөй калып, - Же мен сени бирөөгө окшоштуруп атамбы?

Калбүбү үндөбөй ордунан турду да терезеге келди: "Демек таанып калган экен, өткөндө эле айтышым керек болчу, озунуп андан мурун айтышым керек эле, адам деген ушул да, жакшылыгымды унутуптур деп жатат го?" деп ойлонуп тынымга турду да:

- Тааныдым эже, мен сизди өткөндө эле тааныгам, убакыт болбоду, сизге жолугууга! - деп бери басып Акберметтин артынан келип далысына колун койду, - Мени кечирип коюңуз, эже!

- Эмнеге Калбүбү, сенде кайсы күнөө, мен көпкө-өө ойлондум, анан эстедим, чыдай албай бир жолугууга келдим.

- Ыраазымын эже, мени кечирип кой, кечээги көргөн азабымды эстесем азыр да көзүмдөн жаш куюлуп турат, - Экөө кучакташып турганда эшик ачылып Авазбек кирип келди. Калбүбү көзүнүн жашын аарчып ордуна өттү да:

- Авазбек, менде киши бар, бүгүн бошобойм: - деди.

- Болуптур, Калбүбү Темирбековна, эртең саат бирде сырттан күтөм! - деп коюп ал чыгып кетти.

- Алда кокуй ай, жумушуң болсо мага карабай бара бербей, мен эмеле кетем да, айланайын, - Акбермет ыңгайсыздана аны карады, - Зарыл болсо бара берсеңчи!

- Бүгүн сиз менен сүйлөшүүдөн артык зарыл жумушум жок эже, калган иш күтүп турат.

- Иштериң жакшыбы, Калбүбү? Сен кеткенден кийин дагы эмне болду экен деп ойлонуп жүрдүм, баса баягы мен жиберген үйдү таппай калган турбайсыңбы? Аны өзүнөн уктум.

- Ооба, таппай калдым, мен көргөн күндү кудайым итке дагы көрсөтпөсүн, акыры өзүмдүн агама бардым, ал жардам берди, минтип адам болуп калдым.

- Жакшы болуптур, бир жолугуп сүйлөшсөм деп такыр тынчый албай койдум.

- Сизге рахмат, бүгүн менин үйүмдө конок болуңуз, сыйымды көрүңүз.

- Кой айланайын, кетейин, дагы жолугабыз да.

- Жок, эч жакка кетпейсиз! - Калбүбү анын жанына келип, - Кана, макул дейсизби? - деп жүзүнө үңүлө эки ийинден алды, - Мен таарынам, эгер каршы болсоңуз.

- Кантейин эми, макул дебесем болбойт, сенин сунушуңа кантип каршы чыгам?!

- Ыраазымын эже, ыраазымын! - Калбүбү саатын карап, анан, - Сиз отура туруңуз, мен бир ооруну көрүп келе калайын.

- Бара гой, отуруп турам, - Акбермет башын ийкей отуруп калды: "Бечера десе, мындай билими туруп неге ошол акыбалда калды экен? Мейли, сурап жүрөгүн оорутпай эле койоюн" деп ойлуу күтүп атты. Калбүбү бир аздан кийин келип халатын чечти да кийинип алып Акберметти ээрчите сыртка чыкты. Таксиге отуруп бат эле жетип алышты. Осмон анын эрте келип калганына таңгалды, бирок жанындагы аялды көрүп унчукпай калды.

- Осмон, бу киши менин эжем, айылдан келиптир, анан үйгө алып келе бердим.

- Туура кыласың Калбүбү, "туугандын турпагы алтын" деген, катышып турган жакшы.

- Ооба айланайын, үйүңөрдү билбей туура эле иштеген жерине бардым.

- Эми көрүп алдыңыз, бат-баттан келип туруңуз, - Калбүбү жылмая карап сунду.

- Калбүбү өтө катуу, эже-сиңдилерин такыр чакырбайт, тирүүдө өзүңдү сыйлай албаса, анан качан сыйлайт? - Осмон чындап эле ичиндеги оюн айтты.

- Аманчылык болсо каттай беребиз. Эмне кылсын, жумушунан колу бошобосо… - Акбермет өз бир тууганы катары жооп берди.

- Жанараак телефон чалып койсоң болмок, бир союш алып келип коймокмун, - Осмон кейий сүйлөдү, - Эми эжени жакшылап коноктойлу, мен дүкөндөн эт алып келе калайын.

- Осмон, биякта жарты койдун эти турат го? - Калбүбү Осмонду таңгала карады.

- Ал сүрсүп калды, жаңы эт менен кошо чучук ала келейин.

- Анчалык кыйнала бербегилечи, болот ошол эле, - Акбермет өзүнөн өзү тартына айтты, - Жесем бир жиликтин этин жээрмин.

- Жо-ок, болбойт, - Осмон болбой эле чыгып кетти, анткени аны чындап эле улуу эжеси экен деп ойлогон.

- Мейли эже, ал сизди менин бир тууган эжем деп ойлоп атат, күйөөгө чыкканыма эки жылдай болду, чакырууга мүмкүнчүлүк жок, жакында отпуска алып анан баарын чакырып тааныштырам деп ойлоп жатам.

- Ошент Калбүбү, бир тууган табылбайт, башка табылса дагы.

Экөө көпкө кобурашып отурушту. Калбүбү дасторкон үстүн толтуруп койгон, жарпы жазыла сүйлөшүп күлүп отурушканда Осмон келип калды. Арыдан-бери Калбүбү тамагын асып коюп жумуш жасап жатты. Ал азыр Сейделер менен жашап жүргөндө эки-үч ташты коюп алып жасаган тамагын сыз жерде шорулдата ичип жатканы көз алдына келип жылмайып алды: "Аттиң, азыр газга тамак жасагандан эригип жатам, сууктун күчүндө, эптеп отун таап, кир идишке жасаган оокаттын даамы барбы же жокпу сезбептирмин, муздаткычта толгон тамак аш, үйүм үстүмдө, койнумда кадырлуу адам, эми мен жашоого ыраазымынбы?" деп ойлонуп турганда Осмон:

- Какен, тамак бышайын дедиби? - деп сурап калды.

- Аз калды Оске, шашпай отуруп тур.

- Чыдабай баратам да, - деп тамашалай күлүп, конок бөлмөсүнө кирип кетти.

Акбермет булардын сыйына абдан ыраазы болуп отурду. Алдына кыя кесилген чучук менен карта, жамбаш коюп сыйлап жатканда, ал абдан ыраазы болуп атты. Дасторкон жыйылгандан кийин Осмон жатып алды. Эже-сиңди бир оокумга чейин сүйлөшүп жата берди.

Эртеси Акберметке бир сыйра кийим кийгизип, колуна акча берип анан узатып коюп жумушуна келди. Жумушу көңүлдүү башталды. Кечээги оорулуу жакшы болуп калган экен, палатага киргенде эле:

- Кандай Кадырбеков, абалың жакшыбы? - деп сурады Калбүбү жанына отуруп жатып.

- Жакшы эже, бүгүн жакшымын.

- Ошентсең, берген дарыларды калтырбай ич, уколду берип турат.

- Макул, айыгыш үчүн өзүм деле аракет кылбасам болбойт да.

- Сөзсүз, өзүңөр дагы бизге жардам бергиле, айткандай аткарсаңар баары жайында болот.

Баардык оорулууларды кыдырып кабинетине келсе дагы гүл турат. Дароо кабагы бүркөлө түштү: "Бул эмне деген адам деги, менде ага деген бир дагы сезим, каалоо же ой жок, болгону аны көргөндө Тилекти көргөндөй болом" деп оор улутунуп алды. Антип-минткиче түштөнүү учур келип калды. Телефон чыр эткенинен ала койсо Авазбек:

- Мен сизди күтүп жатам.

- Авазбек, мени туура түшүн, баралбайм! - Калбүбү телефонду коюп койду. Кайра чырылдады, албады. Акыры ачуусу келип трубканы алды да:

- Сага мен эмне дедим эле, токтот тамашаңды! - деди.

- Мен сизге тамаша көрүнүп жатамбы, азыр кабинетиңизге кирем, баарына ачык айтам, сизди сүйөөрүмдү жарыялайм! - деп коюп койду. Айласы кеткен Калбүбү ордунан туруп ары-бери максатсыз басып жүрдү. Көп өтпөй эле эшик ачылып Авазбек кирип келди да:

- Сиз, сиз мени тоготпой жатасыз, сизди сүйөөрүмдү кантип далилдешим керек? - деп үнүн катуу чыгара Калбүбүнү карады, - Болбосо өзүмдү өзүм өлтүрүп салышым керекпи?

- Авазбек, акырын сүйлө, бул жер оюн ойноочу сахна эмес, оорукана, эсиң менен бол да азыр кетип кал, өлсөң өлө бер, жашоо сага гана керек! - Калбүбү ачуусу менен аны жаакка чаап жиберди.

- Мына сага, мен сүйүп сүйүүмө жетпей калганча, дал маңдайыңда туруп өлөм! - деп колуна кармай келген лезвие менен колун шылып жиберди. Ачуу чаңырып кармап калууга аракеттенген Калбүбүнү жанына жолотпой, - Кана мени сүйөсүңбү, айтканыма макул болосуңбу? - деп бакыра берди. Заматта врачтар менен сестралар чогулуп Авазбекти кармап колунан шорголоп агып жаткан канды токтотууга киришти, - Тийбегиле, мага жашоонун кереги жок, ушундан көрө өлгөнүм артык! - деп Авазбек аларга тоскоол болуп улам таңса кайра чечип убарага салды. Бир топтон кийин кан көп кеткенге көзү караңгылай үнсүз жатып калды. Анын колун тигип, укол куюп, бир колун атайы кроватка таңып коюшту. Калбүбү нес болгондой кабинетте жаман абалда калды. Ошол бойдон ал Авазбектин үстүнө кирбеди. Ордунан чечкиндүү турду да: "Мен жумуштан кетишим керек, азыр кетем" деп ойлонуп арыз таштады да, үйүнө жөнөдү. Бирок тынчы кетип жатты: "Балким чын эле өлүп калсачы? Кан көп кетип калды, чунак бала ай, жаш болсом да бир жөн, неге ал мени кыйнап жатат, чын эле сүйүп калдыбы?" деп ойлонуп кыйнала берди. Анын үйдө болуп калганына Осмон таң калган жок, сурабады: "Отпускага чыккан экен" деп койду оюнда. Экөө киного, концертке барып эс алып жатты. Арадан үч күн өткөндө үй телефон чырылдап калды. Осмон жок эле, өзү алды.

- Ало, ало бул ким экен?

- Бул Калбүбү Темирбековна бекен?

- Ооба, мен угуп жатам.

- Тезинен ооруканага келип калыңыз! - деди да трубканы коюп койду.

- Эмнеге? - деген аны укпады. "Эмнеге чакырып жатат, мен арызымды жазып таштабадым беле?" деп ойлоп көпкө отурду. Анан "тобокел, барайынчы" деп ордунан туруп ооруканага келди. Ал келгенде аны башкы врач күтүп жатканын айтышты. Кабинетке кирип келгенде аны башкы врач:

- Келдиңизби, Калбүбү Темирбековна, сиздин бул кылганыңыз жарабайт, сизди жумуштан чыгарбайбыз, эс алам десеңиз отпуск берем, - деди дароо эле.

- Жок, Николай Артемович, мен биротоло кетишим керек!

- Андай болбойт, Калбүбү Темирбековна, бизде өз ишин жакшы билген адистер аз. Сиз чарчасаңыз керек, эс алыңыз, бирок иштеңиз, - деди аны күлүмсүрөй карап.

- Ну Николай Артемович, мен…

- Айттым, эс алыңыз да өз убагында жумушка чыгууну унутпаңыз, жакшы барыңыз.

- Жакшы калыңыз, - Калбүбү ашыкча сөз сүйлөөгө батынбай башкы врачтын кабинетинен ойлуу чыгып жөнөдү. Ал үйүнө келсе Осмон аны күтүп турган экен.

- Ой байбиче, кайда жүрөсүң?

- Башкы врач чакыртыптыр…

- Жөн-жай элеби?

- Жумушка чык дейт, эс алайын дедим.

- Эмне, отпускага арыз берген жок белең?

- Жок, жумуштан чыгууга бергемин.

- Аа-аа, - Осмон ошол бойдон унчукпады, өзү билсин дегендей, сыртка чыгып кетти.

Көп өтпөй сырттан Осмондун бирөө менен сүйлөшкөнүн угуп калды: "Ким болду экен?" деген ойдо сыртка чыгып баратып тааныш үндү угуп токтой калды:

- Мени туура түшүнүңүз, мен аны сүйөм, мен ансыз жашай албайм! - деп жатты Авазбек.

- Калбүбү билеби сенин өзүн сүйөөрүңдү?

- Айткам, теңине албай жатат, мен ага жолугушум керек!

- Ал үйдө жок, туугандарыныкына кеткен.

- Жумушунан биротоло чыгып кеткен тура, эми иштебейби?

- Билбейм, өзү билет.

- Мени түшүнүп коюңузчу, мен Калбүбү Темирбековнаны сүйөм, баары бир аны көндүрөм, сиз капа болбоңуз, дагы келем! - деп коюп колундагы гүлдү эшиктин алдына коюп койду да, чыгып кетти.

Осмон көпкө бир ордунда тура берди: "Демек баягы гүлдү ушул жигит алып келген экен да, ошондон качып жумуштан чыкмак болгон го, бул бала чын эле катуу сүйгөн, же оорукчан" деп ойлонуп үйдү көздөй басты. Ал кирип келатканда Калбүбү билмексен боло балдардын жанына отура калды. Үйгө үнсүз кирген Осмон диванга отурду, үндөбөдү: "Бул ага каршылык көрсөтө албадыбы же өзү да сүйүп калдыбы? Жаш, жакшына жигит экен, өзү сөз баштабаса унчукпай эле койоюн" деп сыртка кайра чыгып гүлдү көтөрүп кирип ашканадагы терезеге сууга салып койду: "Гүлдү көрсө сураар" деп да ойлонду.

Кайра үйгө киргенде Осмон:

- Кемпир, ысык чай берчи, негедир чыйрыгып турам, - деди.

- Азыр, - Ал ашканага кирди, гүлдү көрдү да газга чай койду. Анан Осмонду чакырды; - Осмон!

- Эмне болду? - Ал билмексен боло унчукту.

- Бул гүлдү ким алып келди?

- Бир жигит.

- Албай койсоң болмок… - Калбүбү ары карап өз ишин улантты.

- Эмнеге, эс акылдуу, жакшынакай, жаш жигит экен, сага берип кой деди…

- Эми дагы келсе "үйдө жок, көлгө эс алганы кеткен" деп кетирип жибер.

- Макул, эмне ал сага жакпайбы? - Сынай сурады.

- Кызык, мен аны жактырып эмне кылам?

- Сүйсө сүйө тургандай жигит экен. Ал бала сени өтө катуу сүйөт же акылынан айныган неме.

- Ким билет, жумушка күндө гүл алып бара берип тажатты, Ошон үчүн иштен чыкмак болдум эле, ага болбоду, - Калбүбү ойлуу ары караган бойдон үн катты, - Не кылам, кантип кутулам? Айтчы, кудай жалгагыр?! - Ал ыйлап жатты.

- Анын эмнесине капа болосуң байбиче, жүрүп-жүрүп акыры сенден түңүлөт да.

- Качан? Түңүлсүн деп жакшы да, жаман да айттым.

- Чынында ойлончу иш экен.

- Ушу шаардан алыс көз көргүс жакка кетип калсамбы, деги жаман кыйналып кеттим.

- Битке өчөшүп көйнөгүн итке ыргыткан болуп жүрбө!

Ошол бойдон үндөбөй калышты.

Калбүбүнүн жумушка чыгаар күнү жакындап келатты. Калбүбү сыртта жүргөн, машина токтогонунан короонун сыртын шыкаалап караса Авазбек машинадан түшүп жатыптыр, шашып бушуп үйгө кирген Калбүбү Осмонду эшикке чык дегендей колун жаңсады да, өзү төркү үйгө кирип кетти. Осмон чыга калып Авазбектин гүл көтөрүп алганын көрүп утурлай басты:

- Ассалоому алейкум! - Авазбек озуна салам берди.

- Аллеки салам, кел жигит, - Кол алыша учурашышты.

- Эже барбы?

- Ал баягы кеткен бойдон келе элек, кечигип жатат го?

- Кантип эле, чал, жашырып жатасың го? - Авазбек дароо эле сенге өттү, - Сиз аны кармабай эле койсоңуз болмок… - Кайра сылык сүйлөй чыйт түкүрдү, - Сиз чынында ага тең эмессиз!

- Эмне кылышым керек анан?

- Аксакал, ал али жаш, сиз картайып калыпсыз, ага жашоо керек, анын элесин ыйык тутуп мендей жигит жүрөт, демек ага боштондук беришиңиз керек!

- Ал болбосочу? - Осмон күлүмсүрөй карады.

- Макул болмок, сизден коркуп жатат го?

- Жигит, мындан ары сен мени менен бул маселеде сүйлөшкөндү кой, эгер ошончолук сүйсөң өзүң көндүрүп ал, бирок аны кыйнап койбо? - Осмон жай, токтоо, аны сынап айтып жатты, - Ал менимче сүйбөйт, өзүңдү өзүң кыйнабай эле өз оокатыңды кылсаңчы.

- Ал менин ишим, чал, эгер ушул үйдөн көрүп калсам аны сөзсүз зордоп алып кетем!

- Адам тагдыры сени ойлондурбайбы?

- Анын тагдыры сөзсүз мени менен байланыштуу.

- Сени менен акыйнек айтыша албайм, ал азыр үйдө жок, ошондуктан кет үйүңө! - Осмон ачуулана ага көзүн кадады, - Жигитсиңби, жолуңа түш!

- Азыр кетем, эгер эмки келгенимде дагы жок деп жашыра турган болсоң туура үйүңө кирип таап алам! - Авазбек гүлдү эшиктин алдына ыргытты да басып кетти.

Осмон эмне кылаарын билбей турган ордунда бир аз турду да ары-бери баса баштады: "Эмне кылыш керек? Акыл-эси даана эле жигит, мен аны менен аял талашып дуэлге чыкмак белем, аз өмүрүм калганда кимге жаман көрүнөм? Калбүбү өзү деле жакшы көрөөр, менден тартынып жаткандыр, балким аларды тим коюш керектир" деп өзүнчө ойлоно берди. Анын тынчы кетип ары-бери басып ойлонуп жатканын көргөн Калбүбү карап туруп босогодо тура берди. Анан анын жанына басып келип:

- Жүрөгүң оорудубу? - деди.

- Эмнеге оорумак эле, ойлоно турган иш экен…

- Ойлоно турган эч нерсе жок, эгер макул десең, милицияга билдирсемби?

- Болбойт, өтө токтоло элек жаш болсо бир жөн, жүрөктүн эңсөөсү кыйын, аны да түшүнүш керек го? - Калбүбүнү карап ийининен өзүнө каратты, - Айтчы байбиче, ал бала чындап эле сүйүүдөн жинди болуп жүрбөсүн?

- Койчу Осмон, мен аны сүйүү деп эсептебейм, балким… - Калбүбү эмне деп айтаарын билбей такалып калды, - Балким…бир кезде болуп өткөн сүйүүнүн азабын тартып, мени окшоштуруп жаткандыр?

- Андай болбойт, бул жерде бир чындык бар, баланы бул оорудан сактап калышың керек. Сени катуу сүйсө, сен аны тоготпой койсоң ал жинди болуп кетиши мүмкүн.

- Кайдагыны айтпачы, кой үйгө кирип балдарды карайлы, - Калбүбү андан аркысын уккусу келбей үйгө кирип баратып чачылып жаткан гүлдөрдү көрдү. "Бечара бала, ырас эле оорулуу болуп калып жүрбөсүн" деп бир азга гүлдү карап туруп анан үйгө кирип кетти. Анын артынан Осмон кирип отургучка отуруп да ойлонуп жатты. Бирок эмне кылаарын билбеди. Жанында жаткан Калбүбү терең ойго чөмүп уйкусу кача берди. Экөө тең уйкусуз көпкө жатты. Бири-биринин демин тыңшап жаткан менен сүйлөшпөдү…

Эртеси Осмон экөө чай ичип болгондон кийин Калбүбү төркү бөлмөгө кирип диванга отуруп алды. Сансыз ойлор жан дүйнөсүн оорутуп бул дүйнөнүн ырахатыбы же тозогу күтүп жатабы, баарына кайыл болуп турду. Анан Авазбекти ойлоду: "Эми келсе түз эле үйгө кирет. Эмне кылышым керек, же "мен дагы сени сүйөм" деп аны менен жетелешип кетиш керекпи? Балким анын оюнда ошондойдур. Жо-ок, мен анте албайм, жок дегенде отуз жашта болсом бир жөн" деп ойлоп алып тынчы кете берди: "Эми келсе Осмон менен урушат, бир топ күнгө кетип калсакпы?" деп да ойлоду. Осмон жанында келип отурганда ага карап:

- Осмон, менин жумушум башталганча он күнгө көлгө барып келсекчи? - деди.

- Эми кеч болуп калды го дейм, августта көлдүн жылуулугу кайтып калат, бир ай мурун барсак башка эле.

- Эчтеке эмес, путевка сатып алып эс алып келели.

- Сен ошенткенде кутулам деп ойлойсуңбу? - Осмон ага карап сырдуу жылмайды.

- Эмнеден? - Калбүбү билмексен боло сурап койду.

- Тигинден.

- Оой жо-ок. Чынында бир эс алгым келип жүрөт, чарчадым.

- Өзүң бил. Бирок андан качып кутулуунун жолу ал эмес!

- Кайдагыны айтпай, мага жооп берчи, кеттикпи?

- Сен айткандай эле болсун, - Осмон кайдыгер унчукту: "Мейли качып көрсүн, ошондо ал тим жатып калабы, ишениш кыйын" деп ичинен ойлоп алды. Калбүбү кийинип алып чыгып кетти да, эки сааттан кийин кайра келди. Ал эки билет алып келген. Эртеси жөнөмөк болуп керектүүлөрүн алып жолго эми чыгып дарбазаны бекитип, машинага отуруп жатканда алды жагынан Авазбектин машинасы чыкты. Бири-бирин караган Осмон менен Калбүбү делдейе туруп калганда анын машинасы жандай келип токтоп Авазбек түшүп келатканда Калбүбү:

- Айдай бер, эмне токтоп калдың? - деди өңү кумсара.

- Кантип, кеч болуп калды, өзүң түшүп жооп бер! - деп Осмон аны карабай туруп айтканда Осмондун отурган жагына келген Авазбек аны кекетип кирди: - Ээ чал, кайда шашылдың, мени ошентип адаштырам деп атасың го, баары бир качып кутула албайсыңар!

- Жигит, эсиң менен бол да, өзү менен сүйлөш! - деп Калбүбүнү караганда ал машинадан түшүп келип:

- Мен сага эмне дедим эле? Өз жолуң менен болбойсуңбу, менин жашоомо кийлигишпей жөн жүр! - деп маңдайында туруп мисирейе көздөрүн тигинин көзүнө кадаганда ал тайсалдай түштү. Аны сезген Калбүбү ага ого бетер жини келип ачуулана сүйлөдү, - Менин турмушума кийлигишип, күйөөмө жаман айтканың үчүн сотко берем, менин кадырымды тепселеп жатасың!

- Кечиресиз, Калбүбү Темирбековна, кандай десеңиз да баарына кайылмын, - бирок бир жолу мени менен жакшылап сүйлөшүп коюңузчу, суранам? - деп Авазбек ошол турган жеринде Калбүбүнүн колун кармап калып чөгөөлөп ыйлап жиберди.

- Кантет, тур өйдө! - Калбүбү эки жагын, Осмонду карап ыңгайсыз абалда калды, - Сен экөөбүз кант менен тузданбыз, сен жашсың, үй-бүлөң менен бол, менден эч нерсе издебе?!

- Жок-жок, мен анте албайм, ишениңиз мага, мен сизди эч нерседен кем кылбайм, өмүр бою сыйлап, сүйүп өтөм, сөзүмдү кайтарбаңыз! - чөгөөлөгөн калыбынан жазбай жалдырап ыйлап турду. Осмон рулга башын жөлөй үнсүз, отура берди: "Тим койоюн, өздөрү чечсин, Калбүбүнү бул тынч койбойт, мен мурун башын азат кылышым керек" деп ойлоду ал: "Антпесе бир окуя болуп кетиши мүмкүн". Көпкө жалдырап турган Авазбек Калбүбүнүн жибибесин сездиби дароо өйдө болуп, анын колунан жетелеп өз машинасын көздөй жөнөдү.

- Кое бер дейм Авазбек, ушунуң кантип болсун, койо бер дейм! - Анын колунан бошонууга аракет кылса да карылуу колдор аны койо бербей машинанын эшигин ачып салонго отургузду да өзү рулга отуруп айдамак болгондо Калбүбү эшикти ачып түшө качууга үлгүрдү. Жинденген Авазбек кайра түшүп:

- Азыр экөөңдү тең өлтүрүп, ушул жерден өзүм да өлөм! - деп колундагы бычакты алып Осмонду көздөй жүгүргөндө Калбүбү:

- Авазбек! - деп ачуу чаңырды, - Анда не күнөө, өлтүрсөң мени өлтүр!

- Жо-ок, ошол как баш тоскоол болуп жатат, сен аны кыялбай мени жаныңа жолотпой качып жүргөнүң калппы?! Биринчи ошону жайлап, анан сени, акырында өзүмдү! - деп Осмон отурган машинанын эшигин ачканда Калбүбү жетип барып Авазбекти түртүп жиберди:

- Осмон, кет биерден, кетип кал, кудай жалгагыр! - Калбүбүнүн үнүнөн улам Осмон машинаны ордунан жылдырып жөнөдү: "Ал Калбүбүгө тийбейт, мен кетип калайын, балким мен тоскоол болуп жаткандырмын ырас эле" деп кетип жатты. Авазбек колу кайрыла жыгылганда бычак бир топ алыс ыргып кеткен. Аны ала койгон Калбүбү:

- Азыр сыйың менен кетип калбасаң мен өзүмдү өзүм өлтүрөм. Мен сага эч качан тең боло албасымды, сүйүүңө сүйүү менен жооп бере албасымды билип кой! - деп бычакты жүрөгүнө туштап калганда Авазбек тура калып:

- Токто, мен кетем, сен өлбө, - деп жакындап келе жатканда Калбүбү көзүн жума калып: "Маңдайыма, тагдырыма ушул жазылса аргам канча, уулум, Тилегим өлгөндө неге өлбөдүм?!" деп ойлонуп көзүнүн жашы эки бети ылдый куюлуп бычакты шилтей бергенде Авазбек секирип жетип кармап калды. Бекем кучактап колунан бычакты алып ары карай ыргытып:

- Болду, ыйлай бербе! Макул, мен сенин жашооңо киришпейин, бирок эсиңе сала кетейин, өмүрүм өткүчө бойдок өтөм, сен деп өтөм, сенсиз эми селсаяк болууга даярмын, кокус жолдон, белден көрүп калсаң боор ооруп мени сүйгөн адам деп коюп өтүп кетээрсиң! - деди да бурулуп машинасына отуруп жөнөй берди.

Калбүбү сөз айтууга кудурети жетпей, турган ордунда отура калып боздоп ийди. Канча отурганын билбейт, бир кезде ийининен бирөө көтөрө аны бооруна кысты. Бул Осмон болчу. Ал узакка кетпей "эмне болуп кетет" деп акмалап турган. Авазбек өтүп кеткенден кийин кайрылып келген болчу. Ал үндөбөй Калбүбүнү колтуктай дарбазасын ачып үйгө кирди да кайра чыгып машинасын киргизди. Экөө үн, сөзсүз отура беришти. Калбүбү көздөрү шишигиче ыйлады. Осмон ага эч нерсе дебеди. Күнү кечке биринен да сөз чыкпады. Кечке маал экөөнүн тең карды ачты бейм, ордунан туруп Калбүбү ашканага кирип суу жутту, анан чай коюп тамак жасаганга киришти.

- Эртең эрте жөнөйлү эми, он күнгө эс алууга болот, - деди Осмон.

- Түндөп кете береличи, - Калбүбү аны карабай унчукту.

- Ма-акул байбиче, кетсе кете берели, - Ошону менен сөз уланган жок.

Тамактанып алышты да күүгүм ченде үйдөн чыгышты. Түнкү он экилерде жете келип жатаканага орношушту. Эртеси Калбүбүнүн башы кыйын ооруп калган экен, ордунан туралбай жатканда Осмон:

- Туруңуз айым, эртең мененки таза абага чыксаң сергип каласың, көлдүн көк иримин көрөлү, жүр, - деди аста чачтарынан сылай.

- Азыр, азыр турам. - Калбүбү ыңгырана зорго турду да, жуунуп келди, андан кийин тамактанып алып көл жээгине барып көпкө ары-бери басып жүрүштү. Көл жээги суук, шарп-шарп этип толкуган көлдүн толкуну көбүктөнө кумду шилей кайра тартылып, адам көңүлүн эргитет.

- Күн жылыганча көп бар, азыр эрте, түш ченде түшөлү ээ? - Осмон Калбүбүнү сөзгө тартууга аракет кылып сүйлөп жатты, - Колдон келсе Көлгө июнь, июль айларында келсең сонун да, күн кылкылдап уясына батып баратканда көлдө жүрсөң өзүнчө эле керемет.

- Мен көлгө биринчи келишим, - Калбүбү жука плащынын жакасын көтөрө чөнтөгүнө колун салып ойлуу басты.

- Буйруса келээрки жылы эрте алып келем, ошондо көрөсүң, - Осмон жылмая аны ийинден колун артылта басты, - Көп ойлоно бербечи эми, өзүң врачсың, ойлонуу ден-соолукка зыян, ооруп калып жүрбө.

- Ансыз да тирүүнүн өлүгү болгуча тез эле өлүп калган жакшы го Осмон, чарчадым баарынан…

- Ошо да кепти байбиче, антпе да сен, жашоодо сүйдүрүп өтүү кандай ырахат. Сен андан көрө өзүңдү да, аны да кыйнабай бир чечимге келишиң керек, менден тартынба, мен баарын түшүнөм… - Осмон ойлуу аны карады, - Болгону мен жалгыз калам, карыганда жанымда эрмек болуп жүрсүн десем кудай сени менден бөлгөнү турат, кыскасы сен өзүңдү ойло, сен бактылуу болууга татыктуусуң!

- Эмне деп турасың, Осмон? - Калбүбү аны таң калгандай карады.

- Бул менин акыркы чечимим, ал сени катуу, чын жүрөгүнөн сүйөт экен, мен аны түшүнөм, сени дагы… - деп үндөбөй калды. Калбүбү унчуккан жок: "Кызык, ал мени чын жүрөгүнөн сүйгөн күндө да мен ага кантип макул болом, мен аны сүйө албайм да, балким башымдан өткөн азаптуу күндөр мерез, таш боор кылып койгондур, чын эле мен сүйүүгө татыктуу аялмынбы?" деп ойлонуп басып жүрдү.

Ошол күнү түшкө маал Осмон экөө көл жээгинде сүйлөшүп отурушкан, жанынан өтүп бараткан эки аялдын бири карай салып:

- Осмон, бул сенсиңби? - деп токтой калды.

- Аа-аа Жамийласыңбы, кайдан бу… - Осмон тура калып аны менен учурашып калды. Жамийла дегени аны өөп койду:

- Осмон, картайыпсың да ээ, канча жыл өттү, - деп Калбүбү жакты карап Осмонго көзүн кысып койду, - Картайсаң да сулуу аялдар менен көңүл ачканың кала элек экен, - Күлүп калды.

- Жамийла, ал менин аялым, - Калбүбүгө карады, - Калбүбү, келчи бери! Калбүбү ордунан жай туруп алардын жанына келди, - Бул менин аялым, таанышып койгула.

- Жамийла, - Колун сунду ал.

- Калбүбү.

- Жакшы, мен Осмон менен бирге иштегенмин, - Жамийла күлө карады, - Туурабы, Осмон?

- Ооба, бир кезде иштегенбиз, кандай анан бала-чака, күйөөң жакшыбы?

- Бала-чака кудайга шүгүр, күйөөмдүн өлгөнүнө беш жыл болду.

- Кечирип кой, укпапмын.

- Эч нерсе эмес, сен бизди кечирип кой, сени таанып калып эле…

- Ошонуң жакшы болду, жүрү жолугушканыбыз үчүн чайлашалы, - Осмон Калбүбүнү карады, - Туурабы байбиче, ансыз дагы карын куркурай баштаган.

- Маакул, мен каршы эмесмин, - Калбүбү ага жылмайып койду, сырдуу карап.

- Жүргүлө, - деп ээрчише көл жээгиндеги шашлык бышырган жерге келишип, көк шиберге отура кетишти.

- Бул менин курбум, тааныштырып койбой эле өзүм сүйлөй берген турбайынбы, - Жамийла шакылыктай сүйлөп жатты, жашы Калбүбүдөн улуу болсо да өзүн жаш келиндердей болуп кармап жүргөн шайыр экен. Калбүбү ага суктанып отурду, - Аты Шайыр, өзү да шайыр!

- Жакшы, эмесе тамакка заказ кылалы, кана кимиңер кандай оокат ичесиңер? - Осмон ар кимисин карап калды.

- Карын кампайса болду Осмон, көп эле убаралана бербе! - Жамийла жойпулана калды, - Биз эмеле ичип чыкканбыз.

Аңгыча бирден шашлык, пиво, вино тамак кошо келип, бакылдаша сүйлөшүп атышты. Калбүбү үндөбөй алардын сөзүнө кулак салып отура берди. Жамийла шакылдап көп сүйлөгөн неме экен, ээги-ээгине тийбейт. Осмон экөө иштеп жүргөндөгүдөн кеп салышып сөздөрү түгөнбөйт. Көптө барып анан тарашты. Ошол күнү Осмон сыртта турган. Калбүбү эч нерсеге көңүлү келбей жатып алгандыктан чыгып чылым түтөтүп ойлоду: "Да-аа, жашооң кургур, кайда барып токтоор экен? Мен Калбүбүнү бошотуп коюшум керек, болбосо бир нерсенин ичинен чыгышыбыз мүмкүн, картайган кезде өзүмдү да азапка салбайын" деп турганда жанына Жамийла келди:

- Сен эмне ойлонуп турасың, аялың уктап калдыбы?

- Ооба, эс алсын.

- Эмне, бул жерге келгени эс албай жумуш жасап атабы? - күлүп койду.

- Ар бир адам ар кандай эс алат да Жамийла, ал өзү чарчап жүрөт.

- Аа-аа, - деп койду анан, - Сулуу аялың бар экен, канткен менен аялдан жолдуусуң ээ?

- Анын эмнесин айтып атасың, өзүң эмне уктабайсың, Шайыр уктадыбы?

- Ой ал кеч кирди эле уктап калат, менин уйкум жок, - Жамийла улутунуп алды, - картая түшкөнүң болбосо баягыдай эле сының бузулбаптыр, мени таштап коюп аялымдан ажырай албайм дедиң эле, Калбүбү аялың экөөбүздөн тең жакшы көрүнгөн экен.

- Эмнени айтасың, аялым каза болуп калып анан үйлөнгөм буга!

- Апэ-эй кечирип кой, мен сени дале ойлонуп жүрбөйүнбү…

- Күйөөңдүн өлгөнүнө беш жыл болуптур, кабарлашып койбойт белең?

- Айтканда эмне, сүйүнчүлөмөк белем, бир кыз, бир уулумдун атасы, эч нерседен кемитпей карады, баарын даярдап берди…

- Ошентсе да, анда эми күйөөгө тийип ал да?

- Күйөө деле чыкты-ы, балам урукса-ат берген, бирок Оске, мен сени койнумдагы балдарымдын атасынан да жакшы көрчү эмес белем?

- Аны билем.

- Билсең ошо, сендей табылбады.

- Биерде канча күн болосуң?

- Аз калды, уулум путевка алып берип жөнөткөн, беш-алты күндө бүтөт го?

- Жакшы анда, бизден кийин кетет экенсиң, көпкө жүрүпсүң.

- Ооба, жылына бир жолу жөнөтүп турат, ошентсе да баланын орду башка, күйөө деген башка тура!

- Ананчы, бала сый болот, күйөө деген күндүзү эрмектешип, түндөсү чериңди жазчу жан жолдошуң да? - Экөө көпкө сүйлөшүп турду. Жамийла ага ыктай калып:

- Ай, баягыларды бир эске салып койбойлубу? - деди.

- Кантип, анын үстүнө азыр мен анча жарабай калгам, жаш кезде сага жүгүрүп жүрүп баарын түгөтүптүрмүн! - Осмон да шыбырай күлүп калды.

- Анда тиги зымырайган сулуу аялың кантип чыдап жүрөт ыя?

- Ал андайга шыгы жок неме, жумушуна барат да келип уктап калат, биз азыр чай ичишкенге эле эрмекпиз, - Осмон ойлуу чылым түтөттү.

- Кантип эле, кумарлуу түндү өткөрө турган кези экен, эмитен эле кантип, балким сен билбеген бирдемеси бардыр?

- Ал андайлардан эмес, эч нерсеге көңүлү жок, өтө суз адам, эки жылдан өтүп баратат, дегеле бир көңүлдүү болгонун көрө элекмин.

- Ой анда анын сенде көңүлү жок-ко дейм, болбосо…

- Жок Жамийла, андай сөздү сүйлөбө, кой эс алалы, - Осмон кирип кетмек болгондо Жамийла аны колтуктан ала:

- Ал сага андай мамиле кылса сен кантип эргимек элең, жүрү бир азда мен сага жөн эле жан салып жиберейин, - күлө тамашалады.

- Эртең жолукчу, көрөөрбүз, - Осмон кирип кетти: "Ырас эле, мен да жакшы көрчү элем, бири-бирибизди билебиз, Калбүбүнү бир шылтоо менен көңүлүн калтырып менден кетүүгө аргасыз кылайын" деп ойлоп атайын бир нерсени ойлонуп жатты.

Эртеси Калбүбү уктап жатканда сыртка чыкса Жамийла уктабагандай андан мурун сыртта жүрүптүр. Анын жанына отургучка отура кетти. Анан шыбыраша көл жакка жөнөштү. Улам "Калбүбү көрүнөбү?" деп карап коюп сүйлөшүп отура беришти. Бир кезде каалгый эч нерсе менен иши жоктой ойлуу термелип, Калбүбү көрүнгөндө Жамийла Осмонду бекем кучактап өөп кирди, Осмон дагы кучактап алган. Жакындай бергенде аларды көрүп Калбүбү кетенчиктей берди: "Осмондун бул эмне кылганы, мени анын алдында басынтканы го. Кызык, көргөн эл эмне дейт, бул кылганы мен үчүн кечирилгис күнөө" деп мууну калчылдай артка бурулду да, ылдамдай басып бөлмөсүнө кирип жатып алды: "Балким менин көңүлүмдү калтыргысы келип жүрбөсүн? Же Жамийла экөөнүн сүйүүсү мурунтан бардык сөздөрүнө караганда соо эмес болчу" деп ар кайсыны ойлоп ыйлап да алды. Түш оой Осмон келгенде ал кийим кечесин жыйнаштырып кетүүгө камынып жаткан.

- Сага эмне болду, Калбүбү? - Осмон андан сынай сурады.

- Эч нерсе, мен шаарга кеттим, ачкыч мына, - деди да үйдүн ачкычын столдун үстүнө койуп чыгып кетти.

"Ушундай болсун, антпесе болбойт, баары бир Авазбек тынч жашатпайт" деп ойлоп, Осмон унчукпай кала берди. Ал кеткенден кийин миң ойлонуп, миң толгонду: "Өзүм үчүн эмес, Калбүбү, мени түшүн, баары сен үчүн, эгер мени менен жүрө берсең мени кыялбай кыйналасың, ансыз да мага билгизбей азап чеккениң жетишет. Сенин бактылуу болууңду гана каалайм, же төрөгөн балаң болбосо, бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Ал сени сыйлап алаарына көзүм жетип турат, кечирип кой мени" деп отуруп калды. Бирок ичи эңшерилип аялуу буюмунан ажырагансып, көзүнөн чолок жаш таамп кетти. Ал оңтойсуз абалдан чыгалбай нез болуп турганда Жамийла анын бөлмөсүнө баш бакты:

- Эмне болду, тынччылыкпы?

- Ал кетип калды…

- Ой жинди десе, муну ойлоп тапкан да өзүң, анан анын кеткенине ичиң ачышып жатабы?

- Кантип ачышпайт Жамийла, ал ушунчалык жакшы аял болду, эки жылдан ашык жашасак да жаман жагын көрө албадым, кыял жоругу абдан жөнөкөй, мээримдүү эле…

- Мен деле сага мээрим төгө алам Оске, мени карып калды дебесең андан жакшы аял болуп берем. Мурда "балдарым бар, аялымды кыялбайм" деп койгонсуң, эми мен сенден ажырабайм! - Жамийла анын жанына жаңы эле отуруп ийнине колун койо сүйлөп жатканда Калбүбү кирип келди. Жамийла ордунан тура калды.

- Кечиресиздер, бир буюмум кала бериптир, алып алсам болобу? - деди да жооп күтпөй эле дивандын башынан кагазга оролгон буюмду алып тез эле чыгып кетти.

Калбүбү ушу азыр байкады, көз кыйыгын сала Осмонду караганда анын көзүндө жаш турганын. Үндөбөй чыгып баратып өзүнчө ойго тунду. Бирок ойдун түбүнө жеткен ким бар, санаа артынан санаа басып, Бишкекке ооруп зорго келди. Ал дароо эле Макулбектин үйүнө түштү. Алар аны кубана тосуп алды. Макулбек оорусунан сакая баштаган. Кадимкидей болбосо да өзү кирип чыгып басып жүрөт. Калбүбүнүн жанына отуруп, ал-абалын сурай баштады:

- Кандай Какен ден соолугуң жакшыбы, иштериң кандай?

- Жакшы байке, өзүңүз кандайсыз, дурус болуп калдыңызбы?

- Дурус айланайын, мурункудан жакшымын, калганы карылыктыкы эле, эми жетимиштен ашканда байкең артына жашамак беле?

- Ошентсе деле ден соолук болбосо кыйын, - Ал суз балдарды өөп, ала келгенинен берип, Кызгалдак менен жакшылап учурашып олтуруп, - Мен биротоло келдим… - деди көптөн кийин, - Оор көрбөсөңүздөр бир бөлмөңүздө жашап турайын.

- Ой Какен, сени оор көрүп эмне, жашай бер! Эмне, Оскеден бирдеме кеттиби?

- Жо-ок, андан деле эмес, туура эмес кылыпмын…

- Мейли өзүңө туура келбесе кой, жашоо өтө берет, иштеген ишиң бар, эч кимге көз каранды болбойсуң. Ошол бойдон ал сөздү токтотуп башка сөзгө өтүштү. - Кечээ Айсара эжем келип кетти, байкуш карып калыптыр, Сопубек байкем ооруп төшөктө экен, эртең барып келели деп турганбыз, бош болсоң чогуу барып кел.

- Мейли, чогуу барып көрүп келейин, азыр отпускадамын, үч-төрт күндөн кийин кайра чыгам.

- Жакшы болду, чогуу көрүп келели, ал да карыды, кылт этип кетсе жанында болсомбу деп ойлоп атам, мен калам го?

- Ооба, жанында болбосоң болбойт, эркектен экөөңөр эле болсоңор, ушундайда жанында болгонуң жакшы, - Кызгалдак аны коштоду.

Көпкө сүйлөшүп отуруп жатууга камынды. Эртеси эки баласын алып үчөө жолго чыгышты. Алар келгенде Сопубек узап кетип, үй тигип жатышкан экен. Макулбек өкүрүп түштү. Өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей салт-санаасын кылып үчүнчү күнү аны коюп анан Кызгалдак менен Калбүбү жолго чыкты. Макулбек калып калды. Кызгалдак үйдө калган балдарынан санаасы тынбай, анын үстүнө дарыканаларынан акча жыйнай элек болчу, ошон үчүн да шашты. Анткени Макулбек ооруп калгандан бери түйшүктүн баары анын мойнуна түшкөн.

Калбүбү эртеси жумушуна келди. Башкы врач аны жакшы кабыл алып өз ордуна иштей баштады. Күндө көнгөн адаты боюнча эрте келип кеч кетет, кээде түндө операция болуп калса калып да калат, бирок ал Осмондун кылыгын эстегенде ызаланып такылдаган аялды жек көрүп кетчү болду: "Ошол азгырды, тобо-о картайган эле аял, ушунчалык" деп ага эмне дээрин да билбей кетет. Бир күнү жумушка келгенден кийин обход кылып жүрсө кабинетине баягыдай эле гүл туруп калыптыр, ошол учурда Осмон дагы келип гүлдү көрдү да стол үстүнө даярдап жазып келген катын таштап кетип калды. Калбүбү гүлдү көрүп жүрөгү зырп эте сайгылашып алды: "Шорума жаралган экен го бул бала" деп отургучка отуруп кагаздарына үңүлө берип катты таап алды. Ал катта мындай деген жазуу бар эле:

"Калбүбү, мени кечир, сени атайы көңүлүң калсын дедим, анткени сенин артыңдан жүгүргөн жигит экөөбүздү тынч жашата койбосун түшүндүм. Эми сен мени ук, бул сенин тагдырың, тагдырыңдан кача албайсың, ал жигитке убакыт өткөрбөй макул бол да турмушка чык. Мен сенин абалыңды көрүп туруп кармап тура албайм, чыдабайм дагы, сен бактылуу болушуң керек, бакыт каалайм! Мен өзүм өкүнүп калдым, балким мен сенин жашооңо кийлигишпегенде алда качан аны менен тил табышат белең, ал тартуулаган гүлдү берсем да сүйүү бералбайм, анткени мен картайдым. Мен сенден миң ирээт кечирим сурайм!!! Осмон".

Калбүбү шалдая отуруп калды: "Деги менин жашоомдо эмнелер болуп жатат? Мен бул дүйнөгө тынч жашоого келдимби же азап-армандан арылбай жүрүп өтүүгө жаралдым беле? Ал мени чындап барктап алабы же ысыгы таркагандан кийин анын да кыял-жоругу өзгөрүп, азабымды колума береби?" деп нес болгондой отура берди. Ал нес болуп санааркап отурганда Тилек менен Гуля уруксаат сурап кирип келди.

- Саламатсызбы, Калбүбү Темирбековна?

- Саламат, келгиле кандай жатасыңар, уулум чоңоюп жатабы? - Ал жылмаюуга аракет кыла экөөнө алмак-салмак карады, - Келип калапсыңар?

- Келдик эже, көптөн бери кабарлашпай да кеттик, - Тилек отуруп жатып, - Сизге сүйүнчү айтып келгенбиз, - деп күтүп калды, чынында экөө тең кубанычтары жүзүнөн көрүнүп турган.

- Болсун-болсун, айта бергиле, ылайым жакшылык боло берсин.

- Биз дагы балалуу болдук, ошону сүйүнчүлөп, анан бешикке салып бериңиз деп чакырып келгенбиз.

- Ырас болгон тура, кут болсун, боосу бекем болсун!

- Рахмат эже, акжолтойсуз, сизди чакырбай кантип койолу, - Гуля аны ажарлуу жүзүнөн күлкү чачырата карады, - Билсеңиз биз сизди умай энедей эле көрөбүз.

- Сыйыңарга, берген бааңарга ыраазымын, бешик бооңор бек болсун, сөзсүз барам, качан?

- Эртең барыңыз, өзүм келип машина менен алып кетем!

- Болуптур, барбай кантип койоюн, барам бирок убара болбогула, өзүм эле барам, - аларга жылмая карады, - Чакырып коюу силердин парз, баруу менин парзым, туурабы?

- Туура эже, сизге каяша кылалбайбыз, эмесе биз баралы, сөзсүз келип калыңыз, - деп коштошуп чыгып кетишти.

Калбүбү: "Бечаралар кубанычтары койнуна батпай турган экен, балдарынын боосу бек болсун" деп өзү дагы негедир толкунданып алды: "Мен бирөөгө жакшылык кылуу эмес, кара жанды багуу айласын таппай калбадым беле? Эми минтип сый көрүп, "умай эне" деген сөздү угуп отурам, анан неге кейийм, неге арман кылам, неге бирөөнүн шагын сындырып алты айдан бери какшатып жатам, деги мага мындан артык бакыттын эмне кереги бар, мага не керек?" өзүнө-өзү суроо берип ички туюму менен сүйлөшүп көпкө отурду да терезедеги гүлдү карай берип ордунан туруп анын ар бир талына колдорун тийгизе сылай жыттап койду: "Мен чын эле адамкерчилиги жок адаммын, өзүм селсаяктын жолун басып өтүп, эми бирөөнү ошол жолго түрткөнү турам. Мерезмин, таш боормун!" деп өзүн-өзү жектеп жатты. Ошол учурда сестра кирип:

- Калбүбү Темирбековна, Сайпидинов кыйналып жатат! - деди эле:

- Азыр, - деп чыга жөнөдү. Жетип эле чекесин басып көрүп анан тамырын кармады, - Бутунун сынган жеринен жаракасы бар го, кайрадан операцияга даярдагыла! - деди анан сестрага кайрылып.

- Жарайт! - деген сестра чыгып кетти.

Буту чорт жилигинен сынып, өйдө жагынан билинээр-билинбес жарака кеткен экен, ошол жер кызарып тентий баштаган, ошондон улам чыдай албай чабалактаган оорулууну кайрадан операция жасашты: "Дагы аз болгондо бутун кесип таштоого туура келмек, бечара жигит чолок болуп кала жаздаптыр" деп ойлоп жатты ичинен. Кайра гипстеп таңып палатага жаткырышты. Ал күнү да абдан чарчады. Күнү бою оорулуулар менен алышып жатып эсине Тилек менен Гулянын чакырып кеткенин эстеп жооп сурап үйгө кайтты. Ал келгенде Макулбек келип кылган экен. Коңшу-колоңду чакырып куран окутканы жатышыптыр. Келип эле жардам берүүгө киришти. Чакырылган эл келип эт желгенден кийин куран окуп Сопубектин арбагына багыштап:

- Агаңдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, өмүр жашын балдарына берип, укум-тукумун колдой жүрсүн! - деди улуу аксакалдардын бири.

- Дасторконуңарга береке, өзүңөргө пейил, жашооңордо өксүбөй өмүр сүргүлө айланайындар, сообу Шекербек уулу Сопубекке тийсин, оомийин! - Эл бата кылып ордунан туруп тарай башташты.

- Айтканыңар келсин, келип туруңуздар! - дешип узатып калышты.

Ата-баба салтынын эң ыйык парзы өлгөн адамды ак кепиндеп жерге берип, куран окутуп кыркын, ашын берүү туугандарынын парзы эмеспи. Макулбек өзүнчө терең үшкүрүнүп: "Бир тууганымдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан, билип-билбей жасаган күнөөлөрүн кечире көр!" деп оор улутунуп алды: "Менин да бараарыма канча калды ким билет, сапарым карып, батып бараткан күнгө окшоп мүнөт сайын балдарыма мээримимди, жылуулугумду арнаймын, ушулардын өмүрүн тилейин, ордумду басаарым бар, учугумду улаарым бар, ушуга ыраазымын, жараткан" деп көпкө ойлоно берди. Ал антип отурганда Кызгалдак менен Калбүбү анын ойлонуп отурганын көрүп эч нерсе дебеди, үстүнө да кирбеди. Убакыттын өтүшү менен агасынын кайгысын унутат деп ойлошту, ошону менен бирге кайгыдан ооруп калабы деген ойдо Кызгалдак чоочуп жүрдү. Калбүбү жумушка кеткенде Осмон келди. Экөө эски достордой учурашышты. Макулбек ага эч нерсе болбогондой сыр бербеди. Куран окутуп, чай ичилгенден кийин Осмон баарын айтып келип:

- Ээ досум, мен Калбүбү менен өлгүчө жашайм деп ойлодум эле, бирок андай болбоду, дагы жалгыз калдым, анын бактысын байлагым келбеди, - деди башын жерге салып ойлуу муңкана.

- А сен Калбүбүнү ошого макул болот деп ойлойсуңбу? - Макулбек ага суроолуу тигилди.

- Ал балким менден тартынды, бара-бара көнүп тагдырына моюн сунуп бериши мүмкүн…

Экөө көпкө ары тартып, бери тартышып, эч жыйынтык чыгара алышкан жок.

***

Бактылуу жубайлар бабырашып өздөрүнчө бир айылдай бака-шака. Жанеттаны баары жакшы көрүшөт, тили чулдурап "ата, апа" дегенден башкага келе элек кыз аларга көнө түштү. Такыр чатагы жок, көздөрүн бакырайтып отура берет. Табылды аны жетелеп ойнотот, оюнчуктарын ага берип дайым жанында. Сагын окуп калганга өзүнчө корсоюп деле болбойт, сабак окуйт, апасына жардамчы дүкөндө.

Салима менен Марс балдарын саксактап калышты. Сагынды Салима машина менен мектепке алып барып, тараганда Марс алып келет. Дүкөнүн болсо арендага берди да, жай оокатын өткөрүүгө бел байлады. Ошол күнү алардын телефону чырылдап калды:

- Ало, ало-о, бул ким?

- Ало-о, бул мен эле, Салима, - анын ыйлап алганын байкап калган ал чоочуп кетти. - Кызгалдак, сен ыйлап жатасыңбы?

- Келип кетчи! - Ал трубканы коюп койду.

Салима шашып уулу менен кызын салып алып анын үйүнө жөнөдү. Келсе Макулбек жаман абалда жаткан экен,

- Эмне болду, качантан бери? - Салима башка сөз оозуна кирбей Макулбектин жанына жетип келип отура калды. Калбүбү анын жанында тамырын кармап, укол сайып карап отурган, - Кандайсыз, абалыңыз жакшыбы? - Салима аны үңүлө караганда ал көздөрүн бүлбүлдөтө ачып, сүйлөй албай көз кычыктарынан сызыла жаш куюла берди. Салима да ыйлап ийди, - Ооруканага алып барыш керек го дейм? - Калбүбүнү суроолуу карады.

- Өзү такыр болбой жатат, жеңемдин да төрөөрүнө аз калды эле, кыйналат го, мен айылга эжемдерге айттырып ийдим.

- Жакшы болуп кетсе болот эле, балдарыбыз жаш, дагы төрөгөнү турам, Салима? - Кызгалдак ыйлап жатты, - Булар эми чоңоюп келатканда…

- Койчу курбум, жаман ойлобо. Жакшы болуп кетет, өзүң аман-эсен көз жарып алсаң анан баары жакшы болот. Ушул учурда Салиманын көзү Алияга түштү. Ал дагы ыйлап алыптыр, бой жете баштаганга көзгө көрүнүп суйсалып, көзүндөгү мөлтүр жаштар ого бетер жарашык берип турат; - Алия, кызым, сага эмне болду? Кой ыйлаба, атаң жакшы болуп кетет, - Салима аны кучактап бетинен өбө өз бөлмөсүнө алып барды. - Сен чоңойдуң да, бөбөктөрүңдү карагын ээ, сен ыйласаң алар коркуп калат.

- Атам катуу болуп атпайбы, мен атамды жакшы көрөм, атам болбосо апама кыйын болот го? - Алия көз жашын аарчый, Салима аны сооротуп: "Сулуулук аялдын душманы болчу эле, ушу сенин бактың жакшы болсо го Кызгалдак үчүн жакшы, тагдырың тайкы болбосо экен" деп кызды кучактап туруп көпкө ойго чөмүлүп алды.

Макулбек көптөн кийин кичине дем алганы жеңилдеп эс алып калды. Ошондо да жанынан жылбаган Калбүбү: "Үч күнгө жетсе жетет, болбосо бир туугандары келгиче чыдаса экен, кош бир боорум, сенин да бул өмүрдөн өтөөр кезиң келип калган экен, жетимиш эки жаш, алты мүчөл.. дагы тура турсаң жети мүчөлүңдө балдарың чоңоюп калат эле" деп ойлуу мелтейип отура берди. Аларга Алия чай кайнатып берди. Макулбектин оозуна суу тамчылатып атышты. Үч күндөн бери ал тилден калып жалдырап жатып калган эле…

Салима балдарын алып үйүнө кайтты. Кетээринде Кызгалдакка:

- Көп эле ыйлай бербе, жакшы эле чыдамкай элең, адам баарына даяр болуш керек, балдарың коркуп калат, - деди.

- Кантип Салима? Он жылдан ашык убакыттан бери бирге жашап ата-энемден артык кам көрүп, ынтымактуу жашадык, кокус ары карап кетсе не болот?

- Эч нерсе болбойт, өзүңдү карма, көрөөр күнүбүз бүтүп суубуз түгөнсө биз дагы кетебиз, дүнүйөгө түркүк болгон ким бар?

- Ошентсе да… - Кызгалдак өзүн кармай унчукпай калды.

- Мен үйгө барайын, Марс келсе дагы келем, жаныңда болом, эч кам санаба, баарына даяр бол! - Салима эки баласын ээрчите чыгып баратып колун көтөрүп койду, - Келем!

- Жакшы бар, кайра келишиңди күтөм, - Кызгалдак аны жөнөтүп коюп эми үйгө киргенде Калбүбүнүн эжеси менен иниси, Айсара болуп келип калышты. Алар менен кошо Шайым да келген. Шамбет аялы экөө да бул жерде. Айсара карып калган эле, көзүнүн шоросун аарчып ал инисинин баш жагына отуруп колдорун кармалап коюп үнсүз. Аны качан үзүлүп кетет дешип саксактап карап турушат.

Марс Макулбектин абалы өтөө оор экенин Салимадан угуп барып келмек болуп жатканда күтүүсүз жерден эле Табылдынын эти от менен жалын болуп эстерин эки кылды. Тез жардам чакырып Салима аны карап ооруканада калды. Марс шашып эле Кызгалдакка жолугуп коюп кайра кетти.

Калбүбү ошол күнү жаман түш көрдү. Түшүндө Макулбек менен Табылды катар жаткан экен: "Бул качан келип жатып алды" деп ойлоп аны тургузайын десе тура албайт, кыймылдоого кудурети жетпей койду. Анан босогодон узун бойлуу үч адам кирип келип, бириси: "Булардын кимисин алып кетебиз?" деп бирин караганда: "Наркысын жөн кой, беркисин алабыз, али күнөөгө бата элегинде, мунусунун көп күнөөсү бар экен, анын азыр кереги жок" деди бири. Анан үчөөлөп Табылдыны көтөрүп чыгып кетишти: "Ал жаш, көрөөрүн көргөн муну алгыла" деп айтайын десе үнү чыкпайт, алар чыгып кеткенде эшик тарс этип жабылганда ойгонуп кетти, көрсө Айсара кирип келе жатыптыр. Калбүбү жүрөгү лакылдап: "Капырай, бул эмнеси, байкуш ай, кечээ эле торсолоңдоп ойноп жүрбөдү беле, түшүм туш келбесе экен, бечаралардын баласы аман болсо экен" деп бушаймандана берди. Эшикке чыгып бети-колун жууп келип аарчынды, анан отура калып Макулбектин чекесине колун койсо көптөн бери тердебей какчыйа түшкөн денеси жумшарып нымшып калыптыр, кечээ эле өңүнө өлүмдүн жышаанасы кирип бозоруп турган жүзүнө кызыл кирип, тамыры жайлай сого баштаптыр: "Кудуретиңден айланайын кудай, "арык өлбөйт, ажалы жеткен өлөт" деген ушулбу, бечара эмне болоор экен" деп ойлонуп жатканда ички үйдөн Кызгалдактын:

- Ыя? - деген ачуу үнү угулганынан туруп жетип барды.

- Эмне болду?

- Салиманын ортончу баласы түндө ооруканадан чарчап калыптыр!

- Ка-ап, жаман болгон экен, - Калбүбү артына бурула берип, - ушундай болмок… - деп кетип жатканда Кызгалдак андан сурады таңгала:

- Эмне дедиңиз?

- Аа-аа жөн эле, жаман болгон тура, кечээ биерге келгенде так секирип ойноп жатпады беле, бечаранын тиги дүйнөсүн берсин, - деп өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Кызгалдак шашып кийинди да Марстын үйүнө жөнөдү. Ал киргенде Салима ботодой боздоп жаткан экен, курбусун көрө чаңырып алды:

- Мен айрылып калды-ым баламдан!!! Ай кудай ай, жакшынакай эле ойноп жүргөн балам, врачтар таң калып атышат, диагнозун таппай койду.

Марс андан бетер Табылдынын бетинен сылап жүзүнөн өөп боздоп атты. Адам жанына чыдап туралгыс кайгы эле бул. Сагын чоңоюп калганга ал андан бетер ыйлайт, бир гана төрт жашар Жанетта эч нерсеге түшүнбөй ар кимисин карап улутунуп койот. Күнү кечке курбусунун жанында сооротуп отурган Кызгалдак үйүнө жөнөдү. Ай-күнүнө жетип калганга кыйналып калды окшойт, түндөп аны төрөтканага жеткиришти. Эки күндөн кийин Кызгалдак кыз төрөдү. Макулбек жакшы боло баштады. Кызгалдак чыгып келгенден кийин Калбүбү эжелерине:

- Эми байкем жакшы, силер бара берсеңер болот, - деди жайгара, - Кө-өп жашайт байкем.

- Оозуңа май садага, ушулардын жамандыгын көрбөсөм экен, - деп Айсара эмшиңдеп алды. Баары кетип Калбүбү, Кызгалдак алты бала менен Макулбекти карап кала беришти. Бирок Макулбек ордунан тура албай калды. Төшөк тартып жатып, өзүнчө ойлонот: "менин буларга оорчулугум тиймек болду, ушундан көрө өлсөм болбойт беле, жаш бала менен Кызгалдак мени багам деп кыйналат" деп үнсүз жата берет.

Калбүбү "ооруп жатам" деп бюлетен жаздырып үйдө болуп аткан, анын да жумушка чыкчу убагы келип калды. Кызгалдак төрөгөнүнө он күн болгондо кызын Алияга таштап, Салимага кийим-кече, конфет, печенье кылып алды да, Калбүбү экөө куран окутканга барышты. Салима аларды көрүп дагы буркурап ыйлап алды:

- Кантейин, көз алдыман кетпейт, апалап эшиктен кирип келчүдөй эле сезилип баламды унуталбайм, не болуп кеткенин түшүнө албай койдум...

- Кой айланайын, - Калбүбү аны жубата сүйлөдү, - Калган балдарыңдын күнүн көр, өмүрүн тиле, кайгы адамды оорулуу кылат, өзүңдү карма, кайгыны жеңүүгө аракет кыл!

- Ооба десең, мен жаман болдум, кудайдын кылганы Салима, "берген да кудай, алган да кудай" дейт эмеспи, кайраттуу бол. Эми Сагының менен Жанеттанын өмүрүн тиле, Марс экөөңөр ушулардын урмат-сыйына татыгыла.

- Рахмат курбум, кыйын кезде жанымда болдуң, апамдар келгиче өзүмдү билбей калып жаттым, - Ыйын токтотуп, бетин жууп келди да:

- Макулбек байке жакшы болуп калдыбы? - деп сурап койду.

- Жакшы, төшөктө жатат.

- Кызың биттенип атабы?

- Шүгүр, көзүн ачып калды.

- Рахмат курбум, кызыңдын кыркы чыккыча айылга барбаш керек эле, сен мен үчүн келип жатасың, атын ким койдуңар?

- Алтынчач койдук.

- Жакшы ат экен, ким коюп жүрөт?

- Кайнежем.

- Ийи-ии.

Ошону менен сөздөрү бүтүп, дасторконго бата кылып сыртка чыгып үйгө жөнөштү.

- Кайгырба досум, "ажал айтып келбейт" дейт, ким ойлоптур ушундай болуп кетет деп, өзүңдүн ден-соолугуңа кара! - Кызгалдак Салиманы эки бетинен өөп коштошту. Калбүбү дагы аны менен жылуу коштошуп акыл-насааттарын айтты.

Үйгө келгенде кызы ыйлап жаткан экен. Келип эле эмизип отуруп:

- Айланайын жан кызым, акжолтоюм менин, ушунум төрөлгөндө атасы сакайып кетти, акыл карачачым менин, ыйлаба, - деп эзиле эркелетип отурганда аны Макулбек чакырып калды. Оору багыш оңой эмес го, ал барганда:

- Кызгалдак, балдарды өз бөлмөсүнө киргиз дагы мени… - деп түйшөлө түштү.

Ага да жеңил болгон жок, ордунан туралбай жатканы арман болду. Күнүгө оор түйшүк тартып балдардын кирин жууп, окуусуна жөнөтүп, кызын карап абдан кыйналды. Анысын билдирбегенге аракет кылган менен жүзүнөн билинип турду. Калбүбү жумушка чыгып, эртели-кеч үйдө болгондо каралашат. Түнү менен кирин жууп жайып эрте кетет. Кызгалдак уйкудан калып кызын карап, кайра Макулбекке чай берип, кокус бейшептеп койсо шейшебин которуп, матрацты жууп жаны тынбайт. Алия онунчу класста окугандыктан, экзамени жакындап келаткан. Бир күнү ал үйгө көңүлсүз келди:

- Эмне болду кызым, окууңда бир нерсе болдубу? - Кызгалдак андан чочулай сурады.

- Апа, менин атам бар экен го?

- Кайдагыны айтасың кызым, ансыз да менин түйшүгүм көп экенин билесиң да?

- Анан эмне мектепке бир аял мени издеп келип, "сен менин бир тууганымдын кызысың, инилериң кайда?" деп сурайт?

- Бүгүн келдиби?

- Ооба, "үч күндөн бери издеп жүрөм" дейт.

- Сен айткын кызым, "бир гана атам бар, башканы билбейм" деп.

- А мен ошентип эле айттым.

- Азамат, аны жаныңа жолотпо да сүйлөшпө, анан өзүң чөгө бербе кызым, азыр мен өзүм абдан кыйналып оору багып атканымды ойлон. Амир менен Замир бул жөнүндө укпасын.

- Болуптур… - Алия ойлуу өз бөлмөсүнө өтүп кетти.

Кызгалдактын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп санаага чөгүп: "Балдар эми керек болуп калыптырбы, убагында бири да кабар алып койгон жок эле, баланын тырмагын карматпасмын" деп кыжаалат болуп күн кечирди.

Макулбек ошол бойдон ордунан туралбай калды. Бир күнү Калбүбү анын жанында отуруп:

- Байке, мен сизден бир нерсе сурайын - түз, чындыкты айта аласызбы? - деди.

- Эмне дегени турасың, садага? - Макулбек аны кооптоно карады.

- Сиз көп күнөө кылдыңыз беле?

- Кандай күнөө? - Макулбек түшүнбөгөндөй сурады.

- Мен сизге чындыкты айтайынбы?

- Айта кой, карындашым…

- Анда мындай, - Калбүбү ойлуу карап агасына боору ооруй минтти: - Сиз жаш кезде кылган күнөөлөрүңүз үчүн азап тартып жатасыз, кудайга жакпаган иш кылыпсыз… - Калбүбү көргөн түшүн, Табылды жөнүндө жүрөк өйүгөн оюн айтып берди.

- Ыкы-ыы, - деп алды Макулбек, - Менин кесирим ошол кымындай балага тийдиби?

- Жо-ок, сизди "бул дүйнөдө кылган күнөөлөрү көп, наристе бала азыр таптаза, ошондуктан таза бойдон алып кетели", дешти. Сиз кудайдан кечирим сурап, намазга жыгылып күнөөңүздү жууңуз.

- Минтип ордумдан туралбай жатсам, канттим?

- Куран китепти берем, жуунуп алып чын пейлиңиз менен аны окуп: "Күнөөмдү кеч жараткан, билип-билбей жасаган күнөөмдү кеч" деп кудайдан беш маал сураңыз.

- Мейли, ошентейин. Чынында күнөөм көп, убагында "күнөө жасап жатам" деп ойлобопмун, улам жаш өткөн сайын өзүм да ойлонуп кыйналчу болдум.

- Кудай кечиримдүү, сиз сурансаңыз ал кечирет, жашыңыз кыйлага келди, намазды окуй албасаңыз дагы ыклас кылыңыз, жүрөгүңүздөн берилип аткарсаңыз ошол жетет, - Калбүбү ордунан туруп тамак жасоого өттү.

Кызгалдак жакшы тыңый албай жатты. Жаш баласы менен алек, Артисбек менен Азизбек андан бетер тентектик кылып айласын кетирет. Алия аларды былк эттирбей караган менен, Азизбек ага моюн бербей убара кылат. Замир менен Амир Алиянын үнү чыккан жерде үндөбөй калат. Макулбек Калбүбү айткандан кийин ойлонуп калды. Анын алып келип берген китебин окуп, үн чыгарбай ичинен жаттап, кудайдан күнөөсүн кечирүүнү сурап жатты. Аз-аздан үйрөнүп жаткан калыбында намаздын ар бир рекетин айтканга көндү. Кызгалдак кызын кучактап жатып көзү илинип кеткен экен, Замир энтиге чуркап келди:

- Апа, Алия эжемди бирөөлөр бир машинага салып кетип калды!

- Эмне дейт?! - Кызгалдак ордунан тура калып. - Эмне дедиң, ким, ким алып кетти? - деп чырылдап жиберди.

- Билбейм, бир машина экен, мен жүгүрүп жетпей калдым.

- Таш оозуңа, кайсы жакты көздөй кетти?

- Күн батышты көздөй…

- Баланы ыйлатпай карап тургула, ыйласа эжең келгенде сүт бышырып бергиле, - деп коюп суу кийимдерди алып кирип жайды да, - Менин кызым өтө деле ыйлаак эмес го? - деп коюп машинасын айдап алып мектепке жетип келди. Ал келгенде Алиянын эжекеси жок экен, айласы куруп кайда барып сураарын билбей турганда арытан өзүн көздөй күлүп Алия келатат. Аны көрүп утурлай алдынан тоскондо ал өзү озуна сурады:

- Эмнеге келдиңиз, апа?

- Эмнеге деп койот! Сен кайсы машина менен кетип жүрөсүң?

- Ой, - деп алды Алия, кабагы бүркөлө түштү, - Мен сизге айтпадым беле, "ошол атаңмын" деп бир киши келиптир, тим эле уялып койбойт, мени эч нерседен кемитпей багып, эмгеги кеткенсип "атаңмын" дейт, - апасына карап, - Деги мен канча жашымда ажыраштыңар эле? - деп жооп күтүп туруп калды, - Мен көп ойлондум апа: жөн эле бирөөнү келип "сен менин баламсың" же "кызымсың" деп айта албайт да, бирөөнүн баласын айтууга акысы да жок, туурабы?

- Алия, кызым, жүр үйгө, жай сүйлөшөбүз, кыз ыйлап калат. Замир карай албайт, атаң да түшкү тамагын иче элек, - деп кайсаңдай кызынан көзүн ала качып машинага отурду. - Отур кеттик.

Алия үндөбөй келип алдыңкы орундукка отурду да Кызгалдактын колун кармады:

- Бир аз токтоп туруп мага түшүндүрчү апке, менин кандай кыйналганымды сезиңизчи, - деп жалооруй машинаны от алдыртпай туруп карап калды, - Айтыңызчы, ал деле жакшы адам экен го, сиз аны сүйгөн жок белеңиз?

- Кызым, мени кыйнап жибердиң, - Кызгалдак шалдая үшкүрүп алды. - Мен жаш болчумун, ала качып алган, үч балалуу болгуча "аны сүйүп кетем, ал менин сүйөт" деп жашап жүрдүм, бирок анын ичкени токтободу, күндө мени урат, силерди ызылдатып кубалайт, акыры чыдабай чиедей болгон үчөөңдү жетелеп баса бердим…

- Анан, анан ал келип алып кеткен жокпу?

- Алып кетмек тургай кабар албады, кызым. Не эже-карындашы, не ата-энеси кабар албады. Акыры кыйналдым, Макулбекке жолуктум, ал силерди өгөйлөгөн жок, өз баласындай кабыл алды…

- Болду жетишет, айдаңыз кеттик, - Алия үндөбөй калды.

Эч нерсе дебеди, оюнда эмнени ойлоду аны билбеди, тек кыжаалат болуп үйүнө келди. Келсе кызы уктап жатыптыр, Калбүбү келип сүт берип уктатып коюптур. Алия ошондон мектепке барганда сыртка чыкпай калды. Көпкө чейин алар дагы келбеди: "Менин атам экен, мага окшош тура, эмнеге өзү чоңойтподу? Мен башка бирөөнү "ата" деп чоңойдум, апамды аяшым керек, бирөөнүн жаман сөзүн угузбай, жаман кийим кийгизбей чоңойтту. Атам өгөй болсо да мени жакшы багып чоңойтту, жакшы көрүп, каалаганымды алып берет, анын алдында милдеттүүмүн" деген чечимге келди Алия. Ошол күнү сабактан чыгып эки кыз менен келатса алдынан Абалкан чыкты.

- Кызым, бери басчы! - дегенде Алия аны карабай ылдам басып кете бермек болду эле: - Токточу Алия, бир эле сөзүм бар! - деди ал. Жанындагы кыздар алдыга баса берди, жер караган Алия аны карабай туруп:

- Эмнеге келдиңиз, убагында биз жөнүндө ойлонбой, эми ойлондуңузбу? - деди.

- Кызым, анда жаштык-мастык кылыпмын, кечир мени. Инилериң менен алып кетейин, барасыңбы?

- Кичинебизде керегибиз жок болгон, эми чоңоюп калдык, кызмат кылганга жарайбыз да ээ, силерге ошол керек беле? - Алия ызалуу жашка толгон көзү менен карады, - "тапкан ата эмес, баккан ата" деген, биздин алпештеп баккан атабыз бар. Экинчи мага, инилериме келбеңиз, эгер келсеңиз милицияга билдирем, "биздин өмүрүбүзгө коркунуч туудуруп жатат" деп! - Алия ушуну айтты да тез-тез басып кетип калды.

- Алия, Алия дейм! - деген бойдон Абалкан турган жеринде калып калды.

Алиянын жан дүйнөсү жанчылып, жаш жүрөгү тызылдап паркка барып алып көпкө ыйлап отурду. Анан өзүн колго алып үйгө келди. Кызгалдак анын ар бир кыймылын байкап турат, билди анын сабыры суз келгенин, унчукпады: "Өзү айтсын, мен сурабайм. Чоңойду, өзү чечсин" деп тим болду.

Абалкан ичип алып көрүнгөн жерде жүрүп же аялдан жок, же адам катары жашай албай жолдо жүргөндө улуу эжеси аны алып кетип дарылатып арагын койдурган. Ошол бойдон үйлөнгөн эмес. Акыры кеткен үй-бүлөсүн издеп жүрүп алардын дарегин алып үйүн айланчыктап жүрүп Алиянын өзүнүн кызы экенин билген. Балдарын да сыртынан көрүп эч нерсе дей албаган. Эжеси экөө мектепке келип сураштырса кызынын атасынын аты такыр башка экенин билип ого бетер өкүнүп балдарын кантип кайрып алаарын билбей башы катып жүрөт. Кызгалдак үч баласын тең жалгыз бой эне деген наам менен өзүнө каттатып алган болчу. Туруп-туруп ага жини келип кетчү болду, өзүнүн катачылыгын сезбеди. Күндө мектепти айланчыктап жүрүп тажап кетти. Кызгалдакка жолугуп ачык сүйлөшкүсү келип дарбазасын такылдатты. Эшикти Замир ачып чоочун адамды көрүп:

- Ким керек? - деди такылдай.

- Мм, - баланын ойноктогон көздөрүн көрүп жалтайлап калды, - Мага апаң керек, айтып койчу, - деди анан күлүмсүрөп балага ичи жылый.

- Азыр, - Замир үйгө кирип кетти. Бир аздан кийин Кызгалдак чыкты да аны көрүп артка чегине эшикти жаап алмак болгондо Абалкан кармай калды.

- Кызгалдак, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле…

- Эмнени? Биздин ортобузда сөз болууга мүмкүн эмес!

- Антпе Кызгалдак, ансыз да балдарымдын фамилиясын өзүңө каттатып алыпсың.

- Сага жалдырап барайынбы? Убагында загска барып күбөлүк алсаң кой дедим беле? Окугуча күбөлүгү жок жүрдү. Сыйың менен кетип кал, алардын азыр алпештеп баккан атасы бар, сен аларга эч ким эмессиң! - Кызгалдак колун жулуп алып кирип кетээрде Абалкан босогого туруп алды:

- Менин балдарымды өзүмө бер!

- Эми керек болдубу сага? Баланы төрөтүп койгонуң болбосо, аталык бир милдетиңди аткардыңбы? Аткармак тургай балдардан да сага арак кымбат болчу!

- Жаштык-мастык экен да, Кызгалдак, мени кечирип кой, балдарымды өзүмө жок дегенде тааныштыр!?

- Алар өздөрү билет, эми чоңойду, азабын тартып чоңойттум, кызматын көрөөрдө сага бала керек болдубу?

- Кой эми, бир жинди убак өттү, жаштык кылдым, суранам сенден, менин булардан башка эч кимим жок, Кызгалдак, менин башка балам жок.

- Кызым ыйлап калды, кудуретиң жетсе, колуңдан келсе бала сеники, колуңдан келбесе мага келип убара болбо, анткени мен аларга "атаң башка" деп айталбайм, алардын атасы бирөө гана! - Тез басып үйүнө кирип кетти.

Абалкан дендароо болуп көпкө дарбазанын оозунда турду, үйдөн бирөө да чыкпады, аргасыз өткөн кемчилигине өкүнө башын жерге сала кетип баратты.

Кызгалдак үйгө киргенден кийин да ачуусу келип: "Убагында баланын баркын билбей күндө ызы-чуу салып кандай күндү көрсөттү эле?! Күбөлүк алганга загс албай ичип жүрүп, эми мени күнөөлөп жатканын кара! Балдар чоңоет, кандай чечет, өздөрү билсин" деп ойлонуп жатты.

Арадан билинбей дагы бир жыл өтүп кетти. Алия мектепти бүтмөк. Акыркы коңгуроо болуп, көпөлөктөй кийинген кыздын жүзү албырып, окуучулардын арасында турду. Анын жанында жарашыктуу кийинген жаш жигит, өзү менен бирге окуйт. Алия кичинекей аппак көйнөк кийген кызды жетелеп турган. Экөө коңгуроо какмак. Анын бүтүрүү кечесине Кызгалдак менен кошо Салима, Марс, Калбүбү үчөө гүл көтөрүп алып келишкен. Абалкан дагы бир четте гүл кармап алып даай албай турду. Коңгуроо кагылып, директор окуучуларды бүтүрүү кечеси менен куттуктагандан кийин Алияга сөз келди. Ал бир аз толкундана, эки бети албыра:

- Урматтуу агайлар, эжейлер, эң алды сиздердин бизге берген билим, тарбияңыздар үчүн бүтүрүүчүлөрдүн атынан ырахмат айтабыз! - дегенде шатырата кол чаап жиберишти. - Сиздер тааныткан тамга, окуткан билим бизди алга жетелеп, эмгегиңиздерди актоого милдеттүүбүз, Кош мектебим, кошкула эже-агайлар, сиздерге кажыбас кайрат, талбас эмгек, узун өмүр каалайбыз! - деди да кийинки окуучуга кезек берип жыла бергенде Салималар жетип кучагына гүл толтуруп ар кимиси бетинен өөп куттуктап жатышты, акырында Кызгалдакка кезек жетип кубанычтан көзүнөн жаш куюла кызын бекем кучактап:

- Ырысым менин, бактылуу бол, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болуп тоскоолдук болбой ылайым максатыңа жет! - деп көпкө кучактап тура берди. Алия апасынын кучагында туруп, элдин аркы четинде аларды карап, басып келүүгө батыналбай турган Абалканды көрүп, селдейе туруп калды. Аны карап көздөрүнүн жашы куюлуп жатты. Аны сезе койгон Кызгалдак, - Эмне болду, кызым? - деп силкилдетсе да козголбоду. Ошондо ал артын карап тээ элдин артында турган Абалканды көрүп кызын бетинен өбө башын ийкеп: "бар, бара гой" дегендей ишаарат кылды эле Алия жүгүрүп жөнөдү, жетип эле:

- Ырахмат ата, ырахмат! - деп ыйлай берди.

Кызгалдактар аны үнсүз гана карап туруп калышты.

Алия көптөн кийин гана колуна гүлүн көтөрүп кайрылып келди. Кызгалдак үн дебеди: "Мейли, чоңойду, өзү чечсин, баары бир атасы экени чын, ушундан болоорун ойлодум беле? "Аман-эсен, жетимсиретпей, кор кылбай чоңойтсом экен" деп жүрбөдүмбү, минтип атасын таап алаарын кайдан билдим" деп ойлуу үйүнө келди.

Алия бүтүрүүчүлөрдүн кечки кечесине кетти. Үйүнө келгенден кийин өздөрүнчө Алиянын келечеги үчүн тост көтөрүп, дасторкондо отурушту. Калбүбү алар менен чогуу отуруп Алияга каалоолорун билдирип, анан жумушуна кетти. Марстар Макулбекти сүйөп алып келип креслого отургузушту.

- Кызгалдак, Алияга менин атымдан алтындан өзү каалагандай белек алып бер, менин куттуктаганым ошол болсун, - деди онтолой араң отуруп.

- Оо, сиздин белегиңиз аны абдан кубантат го? - Марс күлүп калды.

- Атасынын кызы да, - Салима дагы көңүл көтөрө сүйлөдү. Бирок ал өзүнчө жүрөгү сыздап: "Аттиң, өзү төрөгөн кыз тигинтип көз көрүнөө атасына жүгүрүп кетип жатат, Сагыным мени сыздатат го.. Жанеттамчы, анын энеси же атасы бир кезде чыга калбас бекен" деп жан дүйнөсү кыйналып турган. Көпкө шарактап винодон ичип отуруп анан алар кетишкенден кийин Кызгалдак кызын эркелетип эмизди да Макулбектин алдына берип, жумушуна киришти.

Алия дал ошол күнү жигитинен алгачкы жолу "сүйөм" деген сөз угуп, эки бети албырып отурду. Элмар айылдык болгону менен абдан тарбиялуу үйдө өскөн. Алиянын классына эки жыл мурун келип кошулган. Ошондон бери ал экөөнүн мамилеси жакшы болчу. Бүгүн экөө бири-бирин кыялбай, алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү аяктагандан кийин окууга тапшырууну максат кылып отурушуп, анан бий башталганда экөө сыртка жетелешип чыгып дүпүйгөн чоң түп дарактын түбүндө турушту:

- Алия, сен кайсыга тапшырганы жатасың?

- Менби, университеттин экономика факультетине тапшырам буйруса, а сенчи?

- Мен юрфакка, бирок контрагы көп экен, эгер…

- Эмне?

- Акча таппай калсам мындай эле окууга кирем го? - Элмар шалкысы бош айтты муну, - Алия, бүгүн мен сага бир сөз айтайын дедим эле…

- Эмне сөз? - Алия аны кыткылыктай күлө карады, - Мага жага турган сөзбү?

- Жагат, сөзсүз жагат, - Элмар анын көздөрүнө тике карады, - Айтайынбы?

- Айтчы эми, сөзүңдү угайын, кыздар-балдар бизди издеп калбасын, айта гой! - Алия аны ууртунан чымчый эркелетип койду, - бол эми!

- Алия, Алия, мен сени… Мен сени сүйөм!

- Эмне-е? - Алия бетин басып калды, - Элмар, эмне деп жатасың?

- Сүйөм, Алия, мен сени сүйөм!

- Жо-ок Элмар, бизге азыр сүйүүгө болбойт, - Алия артына шарт бурулуп басып кетти.

Элмар өзүнчө жылмая анын артынан жаштар отурган жерге келди. Алия аны көрүп ого бетер эки бети албыра жер карады. Элмар аны ого бетер сүйүп баратты. Өзү да толкунданып ага өз сүйүүсүн билдиргенине корстон боло анын жанына отуруп калды. Кечеден кийин аны үйүнө түнкү Бишкектин кооз көчөлөрү менен жетелешип жеткирип келди. Көчөдө көпкө отурушту. Анан Элмар кыздын колун кармай:

- Алия, мен сени сүйөм, сен менин жашоомсуң, өмүрүмсүң, сенсиз мен кийинки кездери өзүмдү элестете албай калдым.

- Элмар, мен азыр сүйүү жөнүндө ойлоно элекмин, адегенде окушум керек, кийин көрөбүз. Эми экзаменге даярданыш керегин билесиңби? - аны карап жылмайып койду.

- Алия, Алия-я, сен мени түшүнбөйсүң ээ, балким сен сүйбөйсүң..

- Айттым го Элмар, мен азыр эч нерсе ойлой элекмин, менин оюм жалаң окуу, окуу! - Алия ордунан туруп, - Кой, мени үйдөгүлөр күтүп сарсанаа болуп жатышат го, жолугушканга чейин! - деп жүгүрүп кирип кетти. Дарбазадан кирип алып өзүнчө жылмайып алды. "Сүйүү деген ушундай болобу? Балким мен аны сүйбөйт чыгармын, же сүйөттүрмүн.. Жок, азыр мен сүйүү жөнүндө ойлобошум керек" деп ойлоп үйгө киргенде Кызгалдак алдынан чыкты:

- Кечиктиң го кызым, сарсанаа болуп отурдум эле, кандай, кечеңер көңүлдүү болдубу?

- Эң сонун апаке, сонун болду, - Алия апасын кучактап эки бетинен өөп-өөп алды, - Сиз мектепти бүткөндө да кече болчу беле?

- Болгон кызым, болгон, - Кызгалдак кызын сынай карап, - Алия, сен атаңды кабыл алдыңбы, кызым? - деди.

- Эмне болду апа? Ал деле адам да. Элестет, жапжаш кыздын алдына келип алып кечирим сурап: "Мен сенин өз атаңмын, мени кечиргиле" деп эле жатса бооруң оорубайбы? Анан дагы, мен эми өзүмдүн тагдырымды өзүм чече турган кезге жетпедимби? Же сиз капа болдуңузбу?

- Жо-ок кызым, өзүң бил, атаң экени ырас дечи, - Кызгалдак андан ары бирдеме демек болуп, кайра унчукпай калды.

***

Калбүбү жумушунда отурганда ага сестра гүл көтөрүп кирип келди.

- Калбүбү Темирбековна, бул сизге, бир жигит берип кетти.

- Рахмат! - Калбүбү ойлуу: "дагы башталды окшойт, чунак бала десе, күн өткөн сайын картайып баратам, жашым болсо өйдөлөп калды, менден эмнени күтүп жүрөт" деп мелтирей отура берди. Жумуш күндөгүдөй эле башталды. Гүлдүн ичиндеги кагазды байкабады. Кагаз жазып отурганда телефон чыр этти. Ала койгон Калбүбү селт этип алды. Ал Авазбек болчу.

- Ало, Авазбек, жумуш убактысында тынчымды алып жатасыз!

- Жо-ок, мен эмес сиз алып жатасыз: күндүзү оюмдан, түндөсү түшүмдөн кетпейсиз, убал-соопту ойлобойсузбу? Катты окудуңузбу? - деди телефондон.

- Жок-жок, кат көрбөдүм.

- Анда гүлдү көңүл буруп карабапсыз го, туруңуз да азыр алып окуңуз! - телефондон буйрук бере сүйлөдү. Калбүбү ордунан туруп гүлдүн ортосундагы катты окуп кирди: "Мен сиз үчүн думана болуп кеткенге даярмын, бирок бүгүн бир жолу мени менен жолугуп сүйлөшүүгө келиңиз, күтөм! Авазбек. Өкүнүп калбаңыз!" - деп кошумчалап коюптур.

- Өх, - деп отуруп жатып улутунуп да жиберди, - деги мунун ата-энеси бар болду бекен? - Өзүнчө сүйлөп алып кайра дагы улутунуп: "Кызык, мунун үйүн сураштырып, ата-энесине жолугуп сүйлөшпөсөм болбойт, алардан тартынаар" деген ойго келди. Кечке маал жумуш убактысы бүтө электе чыгып, анын бир тууган эжесин таап алды. Эшиктин коңгуроосун басканда дал Авазбекке окшош келин ачты.

- Сизге ким керек эле?

- Силер Авазбектин эжеси болосуңарбы?

- Ооба, эмне болду?

- Үйгө кирсем болобу?

- Кириңиз, - эшигин ачып үйгө киргизди.

- Атыңар ким?

- Венера, деги тынччылыкпы?

- Мен Авазбек жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле, ата-энеңер барбы?

- Атам жок, апам бар.

- Анда мындай, - Калбүбү ага башынан беркисин бүт айтып келип, - эмне кылаар аргамды таппай калдым, иштешкендеримден уялам. Күндө гүл, кат, жолугушууга чакырат, мен эгер дагы ушинтсе милицияга берем, капа болбогула, тынчыраак жашашым керек! - деп ордунан турду.

- Эже, - Венера ага жылмая карады, - Ал бизге, апама да айткан, билебиз баарыбыз, аялын да жакында кетирип жиберип үйгө түнөбөй жинди болуп жүрөт, апам өзү сизге жолуксамбы деп жүргөн, - Сырдуу жылмайып койгон келинге Калбүбүнүн ачуусу келип кетти.

- Сен мени шылдыңдап, келекелеп жатасыңбы? - дегенде:

- Жо-ок, эже, ал сизди "сүйөм" деп бизди да кыйнап жүрбөйбү, ал айтканынан кайтпайт, "баламды акылынан адаштырган кандай аял болду экен" деп жүргөн апам.

- Кызык жан экенсиңер, Авазбекти анда психикалык ооруканага жаткырыш керек! - деп чыгып кетти. Ал такси менен үйгө келсе Авазбек дал үйдүн жанында машинасы менен туруптур. Эмне кылаар айласын билбей таксини жөнөтүп, аны көздөй басты.

- Саламатсызбы? - ал колун суна алдынан утурлай чыкты.

- Саламатчылык, бул жерге эмне келдиң? Свидания кургудай мен он беш жашар кыз эмесмин да, канча жолу айтам. Сен, Авазбек, психиатрга көрүнүшүң керек!

- Менби? Мен сопсоомун, Калбүбү Темирбековна, сиз жаңылып жатасыз! - Авазбек жаны күйө сүйлөп жатты, - Сиз мени кандай түшүнбөйсүз?! Мен сизди сүйгөнүмдөн, сүйүүдөн жинди болуп баратам!

- Бул эч кандай сүйүү эмес, жөн гана кежирлик, акмактык!

- Жок, жо-ок, андай эмес, - Ал келип Калбүбүнү эки карыдан булка кармады, - сиз жаңылып жатасыз, сизди өзүмдү сүйдүрөм же сиз деп жүрүп жок болом.

- Кой Авазбек, мен чарчадым, үйүңө бар, - Калбүбү аны акырекке түртө ары көздөй басты, - Сен мени түшүн, ооруп турам.

- Жүрөгүңүз ооруп турабы?

- Баардык жерим ооруп турат, азыр экөөбүз сүйлөшө албайбыз, сен дагы ойлончу, балким убакыт унуттурат, агам ооруулуу, аны да карашым керек, бар эми бара гой!

- Качан жолугабыз?

- Кудай буйруган күнү, буйрубаса жок! - Калбүбү ылдамдай басып кирип кетти.

Авазбек турган ордунда көпкө турду да, жөнөп кетти. Анын машинасы жылып кеткенде гана Калбүбү эс ала үйгө кирди: "Неге ушул абалга калдым, же мен туура эмес кылып жатамбы? "Мен дагы сени сүйөм" деп аны менен жетелешип кете беришим керек беле, аны менен жашашым керекпи? Анын балдарынын убалы кимге, ким күнөөлүү?" деп ойлоно берди. Уйкусу качып ары оодарылып, бери оодарылып тынчы кетип үшкүрүнөт, бирок өз суроосуна өзү жооп таппайт. Телмирип шыпты тиктеп жатып таңга маал гана көзү илинип кетти. Көзү илинээри менен түш көрдү. Түшүндө Авазбек кыпкызыл гүлдөрдү көтөрүп келет, Калбүбү аны алып караса гүлдүн бүрлөрү өзүнөн-өзү күбүлүп жатыптыр, таңгалган Калбүбү: "Бул эмне болгон?" десе, "Бул сүйүүсүнө жетпей калган гүлдөр, ошон үчүн күбүлүп түшүп жатат" деп жооп берет кимдир бирөө. Ойгонуп кетсе түшү . Терезеден жарык кирип таң атып калыптыр: "бир аз жата турайын" деп кайра жатып уктап кетти. Ал түшүнө анча деле маани бербеди. Туруп алып кайрадан жумушуна жөнөдү.

Макулбек ордунан турбай калгандан бери бир канча айлар өтүп, жашоо өз калыбында өтө берди. Балдарынын баарын жаткырып, Кызгалдак өзү кызын алып Макулбектин жанына өзүнчө төшөк салып кыңкая кетти. Ошондо ойгоо жаткан Макулбек:

- Кызгалдак, бери мага жакын келчи, - деди акырын үн чыгарып.

- Эмне болду? - Ал жанына сыңар тизелей отуруп кулак салып калганда:

- Кел байбиче, жаныма жакын жатчы, бир жыттап алайын, сагындым, - деди.

- Койсоңчу Маке, бала болуп кетесиңби, маңдайыңда эле жүрөм го? - Кызгалдак жылмайып жанына жатып көңүлүн көтөрмөк болуп кучактап өөп койду.

- Кайда-ан, жаныма көптөн бери жатпай калдың, жок дегенде бир жыттап-жыттап алайын, же сен мени сагынган жоксуңбу?

- Сагынганда эмне, балдар чоңойду, колумда бала турат, сен ооруп атсаң бир нерсени ойлогонго деле чамаң келбей калат экен да.

- Сен жашсың каралдым, сени ойлоп кыйналчу болдум. Сага ыраазымын, уул-кыз төрөп берип бир башымды төрт-беш кылып койдуң, эки дүйнөдө сага мен ыраазымын! - Ал Кызгалдактын чекесинен өөп, көпкө жыттап алды.

- Эмне деп атасың Маке, андай дебечи, - Кызгалдак чоочуп алды: "Эмнеге бул минтип калды, кудай сактай көр" деп ойлоп, - Кой эми уктайлы, бала ыйласа укпай уктап калбайын, - деп төшөгүн кымтылады.

- Сен билесиңби, жүрөгүм дале жаш жигиттей ээленип калат сени көргөндө, үйдө балдар бар, алардан тартынып бир кучактап өөп алганга да батынбай жатпайынбы.

- Ошо кантип болсун, балдар чоңойгондо кандай эрди-катын болсо да эки бөлүнүп жашап калышат да.

- Ден соолугум жайында болгондо мен эч качан антпейт элем; коюнумда гана бөйтөйүп жатканыңды каалайм, - Эптеп кырына оодарылып жүзүнөн, чекесинен өөп бооруна бекем кысты, - Анда-санда болсо да жыттатып турчу, берекем.

- Уят го эми, өз ордума жатайын, бирөө жарым, карындашың көрсө уят.

- Көрсө эмне, түшүнөт, биз эмне ууру кылып жаттык беле?

Экөө көпкө кобурашып жата берди. Кызгалдактын көзү илинип баратса да Макулбек сүйлөй берди, кээде "угуп атасыңбы?" дегенде көзүн бардай ачып: "Ооба, угуп атам" деген менен уйкуга мемирей кетип жаткан болот. Качан гана катуу уктап жооп болбой калганда ал үнсүз ойлуу жатып, чектелүү өмүрдүн кыскалыгына өкүнө улутуна уйкуга алдырганын билбей калды:

Антип-минткиче Алия экзаменин бүтүп мектепти алтын медаль менен аяктады. Ошондогу Кызгалдактын кубанычы айтып бүткүс эле. Аттестатын алаарда өзү машина менен алып барып директоруна белегин берип, ыраазычылыгын билдирип кайра чыгып машинада отурса ары жактан Абалкан келе жатат, колуна гүл менен дагы көтөргөн бирдемеси бар, ал белеги болсо керек. Ичке кирүүгө батына албай турган Абалкан Алия чыгып келатканда алдынан тосуп гүлүн берип эки бетинен өөп жатканын Кызгалдак көрүп турду. Алия ага апасы жакты жаңсай көрсөтүп бир нерсе деди эле ал коштошуп ары жөнөдү. Алия жүгүрүп келип машинага отурганда, Кызгалдак айдап жөнөдү.

Ал күнү конок чакырып, Алиянын аттестатын жууп атышты. Мындайда ар дайым Марс менен Салима сөзсүз келет, Калбүбү да алар менен чогуу. Келечек жолуна жакшы каалоолор айтылып, Алияга белектер чоң берилди. Марс менен Салима ага алтын цепочка алып келишти. Кызгалдак Макулбектин тапшырмасы менен алтын сөйкө шакеги менен алып берип, кыздын кубанычы койнуна сыйбай турду. Катарда эптеп отурган Макулбекти мойнунан кучактай эркелеп:

- Бул менин эмес, атамдын эмгеги, эгер атам болбосо ушул күнгө кантип, кандай жол менен келээримди ким билет? Атамдын мээрими, жакшы сөзү мени ушул эрезеге жеткирди! - деп көзүнө жаш тегерене эрээркеп кетти.

- Кантет, ой кызым, ыйлап жатасыңбы садага? Бул башталышы, билимди казып түбүнө эч ким жеткен эмес, эми сенин алдыңда чоң милдеттер жатат, талбай окушуң керек, - Макулбек аны чачынан сылай маңдайынан өөп койду.

- Ооба ырас айтат, "билим алуу ийне менен кудук казгандай" деп бекер айтпайт, алгачкы кадамың жакшы болду, эми киресиң илим, билимдин жолуна.

- Окумуштуу бол, кызым, Кызгалдак менен атаң экөө сени менен сыймыктанып турсун, - дешип бакылдап жатышты.

Макулбек кыйналып кеттиби, ордуна жаткызып коюп дагы көпкө отурушту. Шампан менен коньяктар ичилди. Кызгалдак бир аз кызып калды. Конокторун узатып коюп Калбүбү менен Алия идиш-аяк жууп, жыйнап анан жатышты.

Эртеси башы ооруп калган Кызгалдак ордунан жылбай кечке жата берди. Кызды Алия ойнотуп, инилерине чай берип карап жатты. Чынында Замир менен Амир дагы бешке окушат. Дээринде бар. Азизбек үчүнчү класста окуса да кайсар, тапшырмасын зорго Алия окутуп, карап туруп жаздырат. Ал эми Артисбек болсо биринчи класс, ойногонду билбейт, кечке сүрөт тартып, сабагын окуп отура берет. Аны кээде тамашалап:

- Кызга окшоп дале үйдө отурасыңбы, ошону үчүн артыңан кыз келген! - дешип калышат.

- Ооба сага, анан эмне кылайын, - деп мурдун тарта отура берет.

Алтынчач болсо жөрмөлөп жаны тынбайт. "Апа, ата" деп калган. Аларды көргөн Макулбек кубанып алат, бирок жүрөк түпкүрүндөгү өкүнүчү жазылбай келет, арман да кылып кетет. Адам дегеле эч нерсеге ыраазы болбойт, болбосо алтымышка чыккыча бойдок жүрүп эми уул десе уул, кыз десе кызды көрсөткөн жаратканга сыйынгандан бөлөк акысы жок эле го? Пенде деген ушул тура.

Салима менен Марс Табылдыдан кийин балдары кичине ооруса коркуп турушат. Марс жумушунда. Сагын биринчи классты бүтүп каникулга чыкканда аны чоң атасы жайлоого барып келсин деп болбой алып кетишкен. Салима Жанетта менен үйдө. Кызынын тили кадимкидей чыгып, ширин убагы. Кичинесинен эле Марска жакын. Ал да жанындай көрөт. Ал үйдө отурса баягы курсташы Салия келип калды. Баласын алып алган.

- Кел Салия кайдан, - Салима анын баласын өөп, - Киргиле үйгө, кандай, ден соолуктар жакшыбы?

- Баары жакшы Салима, өзүң кандай, жакшы жүрөсүңбү, аяш жүрөбү?

- Жүрөт, салам айтты.

- Саламат болсун, балдар чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп атат, деги кандай жашоо, өзүң кабар албайсың, бир барбайсың, уулум экөөбүз келип калдык.

- Келгениңер жакшы. Мен болсо жатам, балалуу болгом, көрүп атасың кызым Жанеттамы, - Салима кызын кучактап өөп күлө карады, - Уулум бар, экинчи класска көчтү.

- Жакшы-жакшы, болсун, аяш жүрөбү?

- Аяшың жүрөт, азыр жумушта, келип калат, тааныштырам экөөңдү.

- Тааныштыр, экөөңөрдүн сүйүүңөр индийский сүйүүбү дейм, канча жылдан кийин кайра табышып жашап калганыңарга караганда, - Салия тамашалап күлүп калды.

- Курбум, бир жагы чынында сүйүүбүз өчпөптүр, экинчи жагы Марс ал аялынан көңүлү калса керек. Кой, мен чай койоюн, сен отуруп тур, - Салима чай койгону чыгып кетип бат эле келди, - Бүгүн шашпай эс ал, коноктойбуз кызым экөөбүз.

- Сени таппай ансыз да эки күн өтүп кетти, тигил үйүңө барып таппай, анан биякка келдим.

- Бул жакты кантип таптың?

- Адам болгондон кийин табылат да, курбум.

Экөө көпкө отуруп, чай ичишип, сүйлөшүп отурушту, жаш кездегилерин эстешти. Салима ушул тушта Кызгалдактын кыйналып жүргөнүн эстеп, аны чакырып алууну ойлоп телефон чалды эле, ал алды.

- Ало, ало-о, Кызгалдак, келип кетпейсиңби, шаардан менин курсташым келиптир, чогуу отуруп бир аз көңүл ачалы, өзүң деле кыйналып жүрөсүң, азыр Алия бар го үйдө.

- Макул, барып калам, - деп телефонду койгондо Салия маанилүү сөз айтчудай аны карап:

- Салима, мен сени менен ээн-эркин сүйлөшсөм дедим эле…

- Ээн эле отурабыз го, мына мен сени угууга даярмын, ал эми келе турган курбум абдан жакын досум, жакшы адам, - Салима отурчудай болуп барып кайра сыртка жүгүрүп чыкты. Анан тамак көтөрүп келди, - Азырынча жылытмадан ичип туралы.

- Отурчу мындай, - Салия аны этегинен тарта отургузду. - Менин сөзүм сени бир аз ыңгайсыз абалда калтыраар, бирок мен жашырынып келип кеткенди жаман көрөм…

- Эмнени айтып жатасың? - Салима андан жаман сөз укчуудай кабак-кашын тырыштыра карады.

- Салима, мен Зайна менен эки бир туугандын кызы болобуз, менин атам менен анын атасы бир тууган. Кийин билдим ал сенин күйөөңө тийип бир балалуу болгондо ажырашканын. Көңүлүңө алба, мен сага ачык айтпай билмексен болуп отургум келбеди. Ал мага бир жума мурун келиптир, ошондо уктум чындыгын.

- Анан? - Салима аны тикчие карап өңү бузула туруп калды.

- Анан эч нерсе деле эмес, ошол көңүлүн кыйбай билип-көрүп келейин деп койгом, сен капа болбо, Салима, эч жаман оюм деле жок.

- Жаман оюң болобу же болбойбу, Салия, мен бала жөнүндө эч сөз уккум келбейт! Ал бала меники, уктуңбу Салия, ага экинчи кайрылып келбесин, - Салима мууну калчылдай ачуусу келип кетти, - Аны "балаңды алып кет" дегенде албай койгон, менде күнөө жок. Баланы бербейм, бербейм! - деп барып Салима жыгылып кетти, Жанетта чаңырып ыйлап ийди. Салия коркуп кетип телефон чалып тез жардам чакырмак болгондо эс ала түшкөн Салима: - Тим эле кой, мен өлбөйм… - деп ойлуу отуруп калды. Салия анын жанына келип кучактап, аны соорото өзү ыйлап жиберди;

- Алтыным ай, баланын бары да, жогу да балээ. Бала деп жүрүп оорукчан болуп калган турбайсыңбы. Мен аны жологус кылам, эч ойлонбо, алтыным, - деп сооротууга өттү. Салима дагы аны кучактап ыйлап атты:

- Сагын менин жаным менен бирге, ага бирдеме десеңер мен өлүп калам, ден соолугум начарлап баратат, ансыз да багып алган балам өлүп калып зорго жүрөм…

- Койчу алтыным антпечи, болду унут баарын, мен сага жөн гана келдим, болду эми, - Экөө кучакташып ыйлап отурганда Марс келип калды. Салия менен баш ийкеше учурашты да Жанеттаны көтөрө коюп:

- Салима, мен сени кейибей жүр дебедим беле? Өзүңдү, кызың экөөбүздү аясаң боло? - Кейий отура кетти. Салима болуп өткөн окуяны билдиргиси келбей көз жашын аарчый ордунан күлө бага туруп дасторконго келди.

- Кейибейм, эстеп жибербедимби, кагылайыным такылдап жүгүрүп жүрүп эле… келгиле эми, тамакка карагыла, - дегенде Кызгалдак кирип келди:

- Кандайсыңар ыя, - Салияга карады, - Жакшысыңар? - Жанеттаны өөп колуна шоколад карматып, - Ий күчүгүм, чоңойдуңбу?

- Кел Кызгалдак, өйдө өт.

- Марс, бүгүн менин институтта чогуу окуган курбум келип калыптыр, анан бир отуруп сүйлөшүп отурсак деп чакыргам Кызгалдакты.

- Жакшы болот, анда мен ашыкча экемин да, - Марс күлүп калды.

- Жо-ок жок, ошо кантип болсун, үйдүн ээсисиңер, чогуу эле отура беребиз.

- Ооба, отура бер аяш, биз менен болгонуң жакшы, - Салия сөзгө кошула кетти. - Мен Салима экөөбүз бирге беш жыл окуганбыз, жакшы курбулардан болобуз.

- Жакшы-жакшы, келгениңер жакшы болуптур, Салима да кейип-кепчий берип оорукчан болуп баратат, кичине көңүлүн көтөрүп кеткиле. Эненин жүрөгү башка да, Марс, кантет анан, жүгүрүп жүргөн баласы заматта жок болуп отурса.. Бирок ошентсе да кайрат кылыш керек, - Кызгалдак токтоо аны карады, - Салима, кайгынын да чеги болот, өлгөн менен кошо өлбөйт адам, тирүүнүн өз жашоосу бар!

- Ооба десең, антип кейий бербе, Салима, мен билбей эле… - Салия өзүн ыңгайсыз сезе сүйлөдү. Салима арыдан бери тамагын жасап, койкойгон импорт винолорду ортого койду. Кызы жанында чулдурай отуруп ойноп жатат. Улам ага конфет берип, тамак ичирип өнтөлөп атты. Шарактай көпкө отурушту. Марс түштөнүп алып жумушуна кетти. Үчөө отуруп дагы бирден вино ичкенден кийин Кызгалдак кетмек болду.

- Кана эмесе курбулар, мага уруксаат бергиле, бүгүнкү отуруш менимче абдан жакшы болду, мен курсантмын, силерге ден соолук! Буйруса бир күнү меникине келгиле, мен силерди күтөм, көрүшкөнчө, - деди да коштошуп жөнөөрдө:

- Бул отуруш мени да абдан курсант кылды, силер менен бирге болууга даярмын! - деп Салия ордунан туруп келип өбүшө коштошту. Салима Кызгалдакты дарбазага чейин узатып келип:

- Жакшы бар, кызың менен уулдарыңды өөп кой, Макеңе салам айт, - деп өөп коштошуп кала берди. Ал машинасын айдап кеткиче узата карап туруп: "Аттиң, бул өз балдарына шашып баратат. Менчи? Мен жалынып-жалбарып бирөөнүн баласын багып олтурам, алар кайсыл күнү өз энелерине кетип калаары белгисиз, жүрөгүмдү оорутуп кала берем ээ?" деп көзүнүн жашы куюлуп туруп калды. Анын кечиккенинен улам Салия чыга калып:

- Ой Салима, сага эмне болду? Мен сени кирет деп күтүп жатса… - деп анын көз жашын көрүп селдээ түштү, - Салима, койчу эми, ыйлабачы! - аны колтугунан ала үйдү көздөй басты. Үнсүз үйгө киришти, - Салима, сен мени жек көрүп калдың го ээ, кайдан да айта койдум эле, куураган жаным, жашырынып отурбай ачык айтсам ичинде жаман ойлобойт дебедимби, - Салия өзүн ыңгайсыз сезип тилдене берди. Жанетта отурган жеринде күчүгүн кучактап уктап калыптыр. Күн кечтеп калган. Салияны сыйлап жакшылап коноктоп, баласына көйнөк кийгизип, колуна жүз сом карматып узатты. Ал кеткенден кийин: "Сагыным, менин Сагыным, сен дагы мени таштап апаңа кетесиңби? Мен кантем, кантем? Оорулуу жүрөгүм энең менен жетелешип кетсең көтөрө алаар бекем?" деп ойлонуп дендароо болуп көз алдына Сагынды Зайна жетелеп кетип жатканы келе калды да:

- Сагын, Сагын, садагам менин, мени таштаба, мени таштап кетпе! - деп ордунан туруп эшикти көздөй жинди болгондой жүгүрүп жөнөгөндө аны Марс кармай калды:

- Салима, Салима дейм, сага эмне болду?! - жулкулдатып жиберди.

- Марс? - Салима аны таңкалгандай карап, - Сен келип калдыңбы, мени кечирчи! - деп башын мыкчый калды.

- Айтчы Салима, сага эмне болду, бүгүн башкача болуп турасың, айтчы бай болгур?

- Эч нерсе, эч нерсе болгон жок… Кызгалдак, Салия бактылуу аялдар экен… - Колун жая артына кайрылып ички бөлмөгө өттү, - Ооба, - улутунуп алды, - Абдан бактылуу аялдар экен! - креслого отуруп жаагын таянып алып Марсты карады, - Марс, Сагынды Зайна "алып кетем" деп келсе, ал макул болуп кетип калабы?

- Эмне деп жатасың Салима? Ал келбейт, келсе да Сагын барбайт, бирдемени эле ойлоно бересиңби, ошол баланын балакетин алсын!

- Укчу Марс, менин курсташым Салия менен Зайнанын атасы бир тууган экен. Кыскасы, Зайна анын сиңдиси болот, сездиңби бирдемени? Ал атайын Сагындын кандай болуп чоңойгонун көргөнү келиптир!

- Анан? - Марс көңүл бура карап калды.

- Кыскасы, Зайна аны жөнөтүптүр, эгер Сагын биерде болсо ага өзүн тааныштырып, Зайна жөнүндө айтып бермек…

- Кызык экен, ошентип айттыбы?

- Жо-ок, ал эже-сиңди экенин айтып, Сагынды сураганда мен жаман болуп…

- Жана ошон үчүн ыйлап жаттың беле? Мага ачык айтсаң үйдөн даам сыздырбай кууп чыкмакмын, - Марс үйдүн ичинде ары-бери баса берди: "Байкушум ай, минтип отурса, жинди болуп кетет го, же жүрөгү кармап өлүп калсачы?! Жараткан, муну эмнеге мынчалык азапка салдың, оорубай жанымда уза-ак-узак жүрө берсе кана, кандай болгондо санаасын тындырам, канткенде аны сактап калам? Ойлонбо десем да болбойт, чын эле эми Жанеттанын эч кимиси табылбаса экен, кан-жанымдан жаралгандай мен аны жакшы көрөм. Деги Салима экөөбүздүн тагдырыбыз оор болду. Салимага жөн-жай түшүндүрөйүн, "ойлонбо, баарына даяр бол, сенин ден соолугуң Жанетта экөөбүзгө керек, ооруп калба" деп айтайын" деген чечимге келип, анын жанына отурду. Ал отураары менен Жанетта ага жармашты:

- Ата, ата, апам ыйлады, анан мен дагы ыйладым, "ыйлаба" десең апамды, - деп атасын быйтыйган колдору менен кучактап алып эки бетинен өөп, кайра Салимага барды да анын көз жашын сүртүп, - апа, ыйлабачы, атам экөөбүз дагы ыйлап калабыз, ыйлабайсың ээ! - деп чопулдата өпкүлөп кирди.

- Апаң ыйлабайт, кызым, ал бүгүн эркелеп жатат, - Марс Салиманы карады, - Ыйлаба ээ апасы, ыйлабайм деп сөз берчи!

- Ыйлабайм, ыйлабайм, садага, көлөкөм менин, көпөлөгүм менин, мен эми эч качан ыйлабайм, - Салима Жанеттаны кучактап бооруна кысып, - ырысым менин, жанымда сен болсоң болду, - Улутунуп алды, - Ар бир мүнөт, ар бир күн сайын, качан келип "Сагынды төрөгөн менмин, сенин акың жок анда, алып кетем" десе… - Мелтиреп бир чекитти карап сүйлөй берди, - Мен ошондо аны кармап кала албайм да ээ? Анткени ал чындыкты айтып өз баласын менден тартып алат да…

- Салима, жаным десе, сен минте берсең өзүңдү-өзүң жоготуп койосуң го. Жаныңда мен, Жанетта, Сагын үчөөбүз турабыз го, аны алып кете албайт, балаң сени жакшы көрөт, таштабайт! - Кучактап бооруна кысып чачынан өөп, - Ойлонбочу, мынчалык сага эмне болду деги? Алса алып кетээр, өзүңдү карма, ден соолугуңду сакта, Жанетта экөөбүздү ая! - деп аны тынчтандырды.

- Алса алып кетээр дейсиңби? - Салима аны жаштуу көздөрү менен карады, - Эмне, сага баары бирби, же Зайнаны аяп жатасыңбы?

- Кайдан аяйм, сени сооротуп, тынчтандырайын деп атам го, анан адам деген баарына даяр болуш керек, сен өзүң мугалимсиң, түшүнөсүң…

- Ырас эле баарына даяр болушум керек, туура айтасың, балким ал эртең келээр бүрсүгүнү же анын эртеси келээр. Өз энесине баланы бербей коюуга менин акым жок да, бала өз энеси менен болууга тийиш. Мейли, менин Жанеттам жанымда болсо болду. Сагыным аман жүрсүн кайда болсо деле, туура айтамбы? - Ызалуу жылмайып Марсты карады, - Мен туура кылдымбы?

- Салима, аны азыр эле алып кетип жаткан жок, көп ойлонбочу эми! Мынчалык сабырсыз экениңди билбепмин ушул убакка чейин. Ооруп каласың, ыйлай берип башың да ооруйт, - ордунан туруп серванттын суурумасынан дары алып келди, - Мына бул дарыны ичип алчы, эс аласың. Өзүңдү аяганды билбей, бала болуп кетесиңби, билбейм… - Стаканга суу куюп келип дарыны ичирди, - Жаным, сенин амандыгың, ден соолугуң бизге керек, уктай гой, уктап эс ал, нервиң бузулуп турат. Акмак, жанагы аял деги кайдан келип калды? - Анын көкүрөгүнө жөлөнгөн бойдон уктап баратканын көрүп: "Эс алсын, байкушум десе, катуу тийген экен.. Талашса эмне болоор экен? Жо-ок, мен Зайнага сөзсүз жолугуп аны келгис кылам, ата-энесине барам керек болсо…" деп ойлонуп отуруп улам Салиманын кыйналып турган өңүнө карап койот. Катуу уктап калганда аны акырын диванга жаткырып үстүн жылуулап жаап койду. Анан Жанетта менен отуруп ойноп жаткан кызына эзилип алды:

- Садага болоюн көпөлөгүм десе, апаңдын ден соолугу жакшы болуп кетсе экен, экөөбүздү жетимсиретпесе экен, - деп Жанеттаны көтөрүп алып үйдө ары-бери басып жүргөндө телефон чыр этти:

- Ало-о, - Марс ала коюп үн салды, - Ким бул?

- Угуп жатам, сага жаман болду го ээ, бирок аялың бирөөнүн баласына ээ болом деп ойлобосун, баары бир балам мени табат, силер ушуну билесиңерби? Ха-ха-ха! - телефондогу үн өчү бардай мазактай күлдү, - Аялыңа айтып кой, Сагынды менден ажыратып алам деп убараланбай эле койсун, баары бир ал менин балам, уктуңбу, менин балам!

- Зайна, сенсиңби? - Марс Салима уктап жаткан жакты карай акырын сүйлөдү, - "Эсиң барда этегиңди жый" деген, үнүңдү басып, жаагыңды жаап кал, баланы алагды кылба, аны мен сага "алып кет!" дегенде таштап кетип, эми эмне келжиреп жатасың?!

- Ха-ха, мен эмес сен келжиребей угуп тур, сенин туубас катының эмесмин мен, Сагындан башка эки балам бар, күйөөм бар, бирок мен аялыңа тынчтык бербейм, сен ушуну билип ал, жашоо бербейм, өзүнөн-өзү жок боло турган болот!

- Жап оозуңду Зайна, мен сага жамандык кылган эмесмин, бизди тынч кой, жашообузга киришпе. Салима сага эч нерсе кылган жок!

- Сенби? Сен мени ошол туубас үчүн үйдөн кууп баламдан бөлгөнсүң, ал жамандык эмеспи? Менин сага деген сүйүүмдү тепсеп куу баш катынды киргизип алгансың, өлбөй өчүмдү, кетпес кегимди мен ушинтип алам! Давай, телефондон эмдиги жолку жолугушканга чейин! - Телефонду коюп койду. Дел болгон Марс "түүт, тү-үт" деген үндү тыңшаган бойдон туруп сөгүнүп алды. Анын айласы кете уктап жаткан Салиманы карап тура берди: "Эмне кылуу керек, телефонду бузуп салайын да номерин которуп койоюн, болбосо чала берип байкушту өлтүрөт. Ансыз да жаман абалда турат, Табылдыдан кийин болбой калды" деп ойлонуп атты.

Ооба, дагы алардын жашоосунда түгөнбөгөн түйшүктөр жаткан болчу.

Уйкунун дарысынын күчү менен Салима ошол бойдон түнү бою уктады. Эртең менен ордунан туруп алып эшикке чыгып келгенден кийин бети-колун жууп ашканага кирип тамак даярдоого киришти. Үйдө уктап жаткан кызы менен күйөөсүн ойготууга басканда дарбазадан ичке кирип келаткан кайнатасы менен уулу Сагынды көрүп токтой калды. Сагын аны көздөй жүгүрүп келип кучактап калды.

- Апа, мен келдим!

- Садага кетейин уулум, келдиңби? - Салима Сагынды өпкүлөп колунан ала кайнатасы менен учурашты.

- Сагын силерди сагынып кетем дегенинен алып келдим. Марс үйдө беле?

- Ооба, ал тура элек, кириңиз үйгө, - Үйгө алар кирип келгенде Марс жаңы туруп жаткан. Атасы экөө көрүшүп, анан таңкы чайды чогуу ичип, Акмат шашылыш эле жөнөп кетти. Марс жумушуна кетип, Салима эки баласы менен калган. Түш ченде дагы телефон чырылдаганынан ала койсо:

- Ало, угуп жатасыңбы, Марс? Мен силерге тынчтык бербейм, мен баары бир баламды алып кетем, туубас катының бирөөнүн баласы менен бактылуу болгону жүрөбү?! Сагын мени акыры түшүнөт, менин өз энеси экенимди билет, ошондо катының туубас, куу баш экенин даана сезгенде бирөөнүн баласы ага бала болуп бербесине көзү жетет, бөрү баласы ит болбойт! - Салима трубканы кармаган бойдон нес болуп, бир колу менен жүрөгүн мыкчый жыгылып баратты. Трубкадагы үн: "...угуп жатасыңбы, бөрү баласы ит болбойт! Ал сенин жана менин балам, Салимага эч ким эмес, курулай балага үйрүлө бербей аны мага бергиле!..." деп какшай берди. Салима калган сөзүн уккан жок. Салиманын жыгылып калганын көргөн Сагын жүгүрүп жетип:

- Апа, апа, сага эмне болду, апа?! - деп чырылдай жулкулдатып жатканы ага угулуп турду. Трубка салаңдай "түүт, тү-үт" деп жатты көптөн кийин. Салима зорго оозун кыбыратып "дары" дегенге жарады, Сагын жүгүрүп жетип дарысын алып келип берди эле, бир таблетканы оозуна салып, "суу" деди ордунан турууга аракеттенип. Суу алып келип берди. Көптөн кийин турду да диванга барып жатып алды. Аңгыча Жанетта ойгонуп ага Сагын тамак берип, кийинтип койду. Экөө апасынын жанында үрпөйүп ойнобой карап отуруп алышты. Кыйналып турса да Сагынды улам карап: "...бөрү баласы ит болбойт! Салимага Сагын эч ким эмес!" деген сөз кулагына жаңырып туруп алды. Анан таянып туруп барып Марстын жумушуна телефон чалууга үлгүрдү да кайра диванга жетпей дагы жыгылды. Сагын аны ыйлап жулкулдатып, анан дарысын эстей дагы бир данын анын оозуна салып, башын көтөрүп суудан жуткурду. Марс келгенде өңү боппоз болгон Салима зорго жаткан, врач чакырып ооруканага жаткырды. Ошондо эстеди телефонду сууруп койбогонун, жини келип телефонду жулуп ыргытып талкалап салды. Салиманын абалы өтө оор болуп жатып, кайра-кайра өзүн жоготуп, кайра эсине келип, он күндөй ооруканада жатты. Акырындап жакшы болуп баратканда: "Кой мен эмнеге эле жанымды кыйнап жатам, төрөбөгөнүм жалган беле? Бала аныкы экени чындык, мен чындыктан качып кайда барам? Бир жолу өлүм гана күтүшүм мүмкүн, кичинекей Жанеттам жанымда болсо болду" деген ойго токтолуп Сагынга жүрөгү муз болуп тоңуп туруп алды. Ошол күнү Марс эки баласы менен келген.

- Апа!

- Апа! - дешип экөө келип кучактап калышты. Экөөнө жүрөгү толкундана кубанып Сагынды кучактап өпкөнү келатып: "Ал менин балам!! Ал менин балам!!!" деген үн жаңырып, дароо Жанеттаны өөп көтөрүп эркелете кетти.

- Садагам менин, алдыңа кетейин көлөкөм, ыйлаган жоксуңбу, мени сагындыңбы? - деп аны менен алектенип калганда Сагын томсоро туруп калды. Аны байкаган Марс:

- Биз уулум, кызым үчөөбүз сени сагынып келдик ээ, уулум? - деп уулунун колунан кармап, - Жанетта кичинекей да, сен чоңойдуң, жакында апаң үйгө барат, - деп күлө карады. Салима андан кийин деле Сагынга көңүл бурбай калды. Канчалык аны мурункудай кучактап энелик мээримин төгүп эркелеткиси келип турса да Зайнанын үнү кулагына жаңырып туруп алчу болду. Марс аны үйгө чыгарып келгенден кийин этиеттеп мамиле кыла баштады:

- Уулум, карындашың экөөң апаңдын тынчын албагыла, ооруп калат, - деп аларды өз бөлмөсүндө ойноого киргизди.

- Марс, мен жакшымын, балдарды антпей эле койчу, ойной берсин, - деди Салима жылмая.

- Жаным, сенин жакшы болуп калганыңа кубанып отурам, уул-кызыбыз ойноп, чарылдашып тынчыңды алабы деп ойлоп атам.

- Балдардын ойноп күлгөнүнөн мен ырахат алаарымды жакшы билесиң. Мени алардан бөлбө!

- Сенден кантип бөлөм, жаным, бала деген бала, бирдемени талашат, анан чырдашат, сени кыйнап койобу…

- Кой эми, бир аз күн өзүнчө болсо боло турсун, кадимкидей болуп кетсем жанымда болот, - деп үндөбөй карап калды. Экөө тең унчукпай телевизор көрүп отурганда Жанетта:

- Ата, мен апамдын жанына бара берейинчи? - деп бөлмөнүн эшигин ачып башын чыгарып сурады.

- Кел, келе гой кызым, - Салима аны көздөй кулачын жая башын ийкеди.

- Менчи ата, мен жалгыз каламбы? - Сагын анын артынан аларды карады.

- Кел балам, сен дагы келе бер, бирок тынч отургула ээ? - Марс аны өзү чакырды, Салиманы караса Жанеттаны кучактап телевизорду карап отуруптур: "Бул Сагынды жаман көрүп калдыбы? Зайна ачуу сөз айтып койгон го, эн-неңди акмак, өз энесиндей бапестеп турган эне-баланы жат кыла турган болду" деп ойлонуп кетти. Сагын атасынын жанына отурбай Салиманын жанына келип отуруп жөлөнүп алды. Салима үндөбөй мисирейип: "кайдагы бир ичимден чыкпаган балага өпкө-жүрөгүмдү чапсам да болбойт тура, кааласа азыр алып кетсин" деген чечимге келген эле.

- Апа, - Сагын Салиманын Жанеттаны кучактап алган колун тарткылады, - Апа, мени жаман көрүп калдыңбы?

Марс менен Салима бири-бирин карашты:

- Эмнеге, уулум? - Салима өзүн кармана аны бир колу менен башынан сылай эркелетип койду, - Сени эмнеге жаман көрмөк элем, сен эми чоңойдуң, окуп жатасың, Жанетта кичинекей, - деп ойлуу аны карады.

- Апаңа эркелей бербе, сен жигит болуп калбадыңбы, апаң ооруканадан жаңы келди. Ага тынчтык керек, уулум - Марс аны карап күлүп койду, - Катын алгыча эле эркелегиң келип турабы?

- Жо-ок, мен эми экинчи класска окуйм да, ээ?

- Ананчы, экинчиге окуйсуң, Жанетта болсо бешке чыкты, азыр Жанетта эркелесе жарашат.

- Ооба. Мен мындан кийин эркелебейм, апам ооруп калбасын, э?

Алар үндөбөй калды. Марс өзү ашканага барып кечки тамакты жасап жатты, оюнда Сагын: "Салима аны ушул бойдон жаман көрүп калабы же ийиир бекен? Зайнага жолуксам бирди көрсөтмөкмүн, акмак атын десе, ойлоп тапкан экен, адам өмүрү ага чымын өлгөнчө сезилбесе керек. Салима жүрөгү оорукчан болуп калды, ага этиет мамиле жасабаса болбойт" деп ойлоно берип тамагын бүтүп аларга тамак берди. Салима жаткан жеринен ичти, анткени врач аны "көп кыйналба, ойлонбо, таза абада сейилдеп көңүл ачканды унутпа" деген эле. Марс өнтөлөп жанында болуп жатты. Көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып, күлкүлүү сөздөрдөн айтып күлдүрүүгө аракеттенет. Окуу башталаарына аз калганда чогуу чыгып Сагынга кийим-кече, китеп, дептер жана дагы окууга керектүүлөрүн сатып беришти. Чогуу паркка сейилдеп, кечкурун үйгө келишти.

Бара-бара Салима кадимкидей жакшы болуп калды. Бирок ал Сагынга салкын болуп кала берди. Мурункудай үзүлүп түшө бербей кийим-кечесин таза жууп, тамагын жасап берген менен анча көңүл бөлбөйт. Сагын апасынын мындай мамилесинен улам кээде: "Эмнеге мени апам жакшы көрбөй калды, мүмкүн ооругангадыр, анда Жанеттаны менден да жакшы көргөнү эмнеси?" деп ойлуу тартып кетти.

Окуу башталганынан он беш күн болуп калган, коңгуроо кагылып окуучулар сыртка чыккан кезде шаша баскан Зайна окуучулардын арасынан Сагынды издеп жүрдү: "Тааныбай калдым го, сураштырайын" деп ойлоп бир кыздан сурады.

- Сагынбек деген баланы тааныйсыңбы?

- Жо-ок, ал канчада окуйт?

- Экинчи класста болуш керек эле, Марс уулу Сагынбек.

- Билбейм, башкадан сураңызчы, мен тааныбайт экемин, - тиги кыз жүгүрүп кетип калды. Зайна айласы түгөнө мектепке кирип келатканда анын алдынан жыйынга катышып Сагынды жетелеп чыгып келаткан Марс чыга калды. Экөө тең бири-бирин тиктеп туруп калды, Сагын экөөнү карап анан:

- Ата, мен кете берейин, машинада отуруп турам! - деп жүгүрүп кеткенде Зайна шашып калды:

- Сагын! - Марс аны сүйлөтпөй:

- Эмне керек сага? Бала сага эми керекпи? Келбе экинчи, бул сенин балаң эмес, Салима төрөтканадан алып баккан, сенин балаңды Москвадагы мектеп интернатка жөнөтүп жибергем!

- Кантип, сен эмне аны багууга кудуретиң жетпей калды беле? - Зайна андан ары эмне дээрин билбей башын жерге салып жөнөй берди.

- Бала керек болсо ошол жактан таап алып ал! - Марс анын артынан кыйкырып калпты ойлоп тапканына кудуңдай машинасын айдап жөнөдү: "Таптакыр үмүтүн үзсүн, экинчи балам деп келбей калат" деп ойлонуп үйүнө көңүлдүү келди. Келсе Кызгалдак келип Салима менен отурган экен.

- Оо кел Кызгалдак, жакшы жүрөсүңбү, балдар чоңоюп жатабы, Макенин ден соолугу жакшыбы? - Марс аны көрүп эле бакылдап ал-абалын сурап кирди.

- Келдим, баары жакшы. Макең болсо баягыдай эле, оорунун азабын тартып жатат, телефон чалсам эч жооп бербейт, кабар алайын деп эле келгем.

- Келгениң жакшы. Сакиш оорусунан сакайды, ырас келипсиң, бир аз отуруп эрмектешип кет, - деп өзү ашканага кирип тамак даярдай баштады. Көптөн кийин Марс кирип келгенде Кызгалдак:

- Марс, шеф повур болуп калгансың го, ушу сенин жасаган тамагың ширин болсо керек ыя?

- Албетте, менин тамагым жагат силерге, айрыкча уул-кызым жактырат, - деп кудуңдап тарелкага тамак куюп алдыларына коюп, - кана айымдар, тамакка карагыла, - деп шайырлана сүйлөп кирди. Бири-бирин тамашалап отуруп анан Кызгалдак үйүнө жөнөдү. Салима аны эшикке узатып чыкты. Негедир Салима курбусуна ички сырын айтып жеңилдеп алгысы келип турду. Машинага отуруп рулду кармап от алдырмак болгондо Салима анын жанына отуруп алып суз көз карашы менен:

- Курбум, мен ички сырымды сени менен бөлүшүп жеңилдеп алгым келип турат, - деди ойлуу карап.

- Мен даярмын курбум, айт, айта бер: жүрөккө толгон бугуң бар болсо угууга даярмын.

- Менин төрөбөгөнүм өмүр бою жүрөгүмө так түшүрүп, арманымды арбытты… - Салима ага курбусуна болгонун айтып келип: - Сагынды негедир жек көрүп бараткансыйм, кандай жакшы көрчү элем! Бир туруп балама боорум ооруп кетет, эмне кылаарымды билбей жан дүйнөм жабыркап бүттү…

- Курбум, сен капа болбо, баланын көңүлүн калтырбай эле кой, энесин тапкан күндө деле сени кыйбайт, таштабайт. Анын энеси сенсиң! Барса бараар, бирок ал сенден эч кайда кете албайт, - Кызгалдак Салиманы жубата, көңүлүн көтөрүп отурду, - өзүңдү да кыйнаба, баланы да кыйнаба, эч качан өзүңдү таштаба!

- Ырас айтасың, көңүлүн калтырбайын, баары бир мага келет, таштабайт, мени кыйбайт ээ? - Салима ажарлуу жылмая курбусун кучактап өөп алды, - ыраазымын курбум, сенин берген кеңешиңе ыраазымын! - деди да машинадан түшүп, колун булгалап койду, - Жакшы бар, кызыңды өөп кой!

Кызгалдак жылмая башын ийкеп, машинасын ордунан жылдырып жөнөдү. Салима көңүлү көтөрүлө үйгө кирип кадимкисиндей балдарына айланып-кагылып, Сагынды өөп, сабактарын окутууга отурду. Марс анын өзгөрүлүп калганына ичтен кубанып алды: "буйруса кадимкисиндей болуп баратат, Сагынды өзүнөн алыстатпай жакын кармап, эне-бала сый болсо экен. Сакишим, Салимама менин!" деп өзүнө-өзү батпай сүйүнүп атты. Салима жакшы болуп калгандан кийин жумушуна чыга баштады. Сагын мектепке барып келет, Жанетта бойтоңдоп Салиманын жанында. Үй-бүлөнүн түйшүгү, балдарын тарбиялап, уулун кийинтип сабакка жөнөтүп жаны тынбай жашоонун машакатына сүңгүп кирди.

- Салима, сен кыйналып кеттиң, агамдын кызын алып келсемби, жардам берип турсун.

- Койсоңчу, Асема бойго жетип турат, "иштейм" же "окуйм" деп койсо шагың сынып калбасын.

- Асема антпейт, байкемдин сөзүн эки кылбайт, сен жакшы болуп өзүңө келип ооруңдан так сакайып кетсең анан окуйбу-чокуйбу, кете берет да, ага чейин Сагын чоңоюп калат, Жанетта кол арага жарап калат, анан өзүң менен өзүң болуп канга салам бербей каласың, - Марс аны эркелете өөп койду.

- Азыр деле оорубай калдым, кадимкидеймин, кабатыр болбочу, жакшы элемин го? - Күйөөсүн жалжылдай карады.

- Жо-ок берекем, сен али жакшы боло элек экенсиң, жумуш жасап кыйналсаң ооруп каласыңбы деп чоочуп атпайынбы?

- Кудай сактасын, алтыным, сен экөөбүздү кошкон кудай машакатты кошо жазган тура, мындан аркысы жакшы эле болсо болду, менин да ойлогонум сенин ден соолугуң, тарсылдап иштеп жүрө берчи, балдар бой жетсе аларды окутуп-чокутсак анан түйшүктөн арылаарбыз.

- Эч коркпо жаркыным, кудай буйруса биз бактылуубуз, сен гана ойлонбой, оорубай жүрсөң баары болот, ардагым, - Экөө өбүшүп жатканда Сагын кирип эки бетин жаап калды, Жанетта дагы чыгып экөө бири-бирин карап күлүп алып, алардын жанына келип Жанетта Салиманы, Сагын Марсты далыга аста чертип койду эле экөө эки жакка бөлүнүп, балдарын карап каткырып жиберишти.

***

Калбүбү жумушуна келип, адаттагысынан сырткары көңүлдүү иш баштады. Негедир өзүнчө эле өрөпкүп баягы жаш кезиндегидей жүрөгү ээлене берди: "Кубанычтуу сөз уксам экен, неге эле жүрөгүм ээлигет, кудай ай, жакшылык болсо экен" деп ойлоп кагазга үңүлдү. Жаңы эле обед жасаганы турган, кабинетке Авазбек кирип келди.

- Саламатсызбы, Калбүбү Темирбековна?

- Саламат, кел!

Калбүбү башын ийкеп коюп, кайра кагазына карады. Анын бул мамилеси аны ыңгайсыз абалда калтырдыбы:

- Сиз менен олуттуу маселе боюнча сүйлөшүшүм керек.

- Менин азыр убактым жок, оорулууларды көрүшүм зарыл, сен бүгүн эмес, дагы бир күнү келчи, - Калбүбү карабай жооп берди.

- Эмнеге сиз дайыма мени укпайсыз, мен сизди үйгө чакырып келдим, апам сиз менен сүйлөшкүсү келет.

- Дагы эмнени айтайын дейсиң Авазбек? Мени кыйнадың го, апаң менен мен эмнени сүйлөшмөк элем? Ойлосоң, менин жашым элүү алтыда, сеники отуз алты, жыйырма жаш айырмабыз бар, уялсаң боло?!

- Уяла турган эмнем калды?! Мени алдымда же бир чоң бакыт, же армандуу өлүм күтүп турат, - Авазбек отургучка уруксаатсыз отуруп, аны тикчие карады, - Эмне, мен сизге мокочо көрүнөмбү, келесоо көрүнөмбү?!

- Авазбек, азыр жөнө, бул жерге сырт адамдардын киришине тыюу салынган, көрүнсөң мен сөгүш алам, мен ишимден калбайын, бар эми! - Ордунан турду да анын жанына келип, - Тур өйдө, эшикке чык, мен жумушумдан калбайын, - деп калганы ачып колун жаңсады, - Бол эрте! Авазбек ордунан шылкыя турду да аны бир карап коюп босогодо туруп алып:

- Мен бүгүн сизге кечинде сөзсүз келем! - деп чыгып кетти. Калбүбү унчукпады. Эч нерсе болбогондой оорулууларды карай кадам таштады. Ар бир палатаны кыдырып оорулуу менен сүйлөшүп, керектүүсүнө кайрадан укол, дары дайындап, анан кабинетине келди. Көпкө отурду: "Эмне кылыш керек, канткенде муну өз жолуна салам, башыма балээ болуп чыгабы же бактымбы? Деги бул мурун кандай адам болду экен, өжөрбү, көк бетпи же ашкан тажаалбы, деги кандай жан?" деп ойлонуп отуруп түш болуп калганын билбеди. Ооруканага тез жардам менен бир аялды алып келишти. Абалы өтө оор экен. Калбүбү аны карап көрдү да, операционныйга алып жөнөштү: "Бул Сейде го, байкуш катуу ооруп калган экен, күйөөсү бар болду бекен, балдары чоңоюп калгандыр?" деп операция жасаганга киришти. Көпкө алышып жатып акыры ичегинин түйүлгөн жерин таап чыгып, карайып кеткен жерин кесип кайра тикти: "Демек жашайт, аман калды" деп сүйүнүп алды. Наркоздо жаткан Сейдени көпкө карап коридорго чыкканда аны Дарман, анын чоң баласы алдын тосо:

- Доктур, кандай, абалы жакшыбы? - Дарман аны үмүттүү карады.

- Апамдын абалы жакшыбы? - Боз улан да кабатырлана сурады.

- Баары жакшы, эч кам санабагыла, буйруса эки-үч күндө туруп калат, бүгүн үйүңөргө барып эс ала бергиле, - Калбүбү аларды күлүмсүрөй балага айрыкча көңүл бөлө жооп берди, - Апаң жакшы болуп кетет.

- Рахмат эже, сизге ыраазыбыз!

- Кудай колуңа дарт жолотпосун, айланайын, - Дарман саал бүкүрөйүп калган белин түзөй унчукту, - ылайым бактылуу бол, садага!

- Рахмат, айтканыңар келсин! - Калбүбү Дарманды да тааныды: "Баласы татынакай болуп чоңоюп калыптыр, өзүнө келсе мени тааныйт чыгар, Дарман тааныбады" деп кабинетине шашты. Улам өткөн күнү эсине түшүп, көздөрүнө жаш кылгыра түштү. Ошол учурда эшикти бирөө тыкылдатып калды.

- Кире бергиле! - Калбүбү ордуна отуруп жатып кирген адам Дарман экенин көрдү, - Отуруңуз!

- Рахмат айланайын, мына муну атайын кемпириме керек болот деп ала келгем, колуң жеңил жакшы акжолтой доктур экенсиң, ушуну алып кой, садага! - Жоолукка оролгон акчаны чечип алып анын алдына коймок болгондо Калбүбү ордунан турду да жанына келип акчаны алып колуна карматты:

- Башка керегиңизге жаратыңыз, ал эми кемпириңиз кудай буйруса он, он беш күндө жаныңызда болот! - деп жылмая караганда Дарман ага жал-жал карап:

- Доктур, мени уят кылдыңыз, мен атайын операция жасаган доктурга берем деп ала келгем, башка керегиме табылат, ушуну алып кой балам… - деп ордунан турду.

- Жок, болбойт аба, эч нерсенин кереги жок, андан көрө бара берсеңиз болот, - Калбүбү аны сырдуу карап койгондо, ал чыгып баратып кылчайды.

- Өмүрүң узун болсун, колуңдан далай оорулар сакайып, алкышка татый бер, рахмат кызым, - деди да, каалганы жаап чыгып кетти.

Калбүбү ырахаттана чиренип алды, анан улутунуп: "Өх" деп ордуна отуруп: "Бүгүнкү менин кубанычым ушул тура! Байкуш Сейде, карып калыптыр, өзүм жакшылап карайын, менин бул жашоодо аяй турган эч нерсем жок. Ким үчүн жашаганым да белгисиз" деп ойлоп отурду. Авазбекти ойлоду, арадан алты ай өттү, ар бир күнү гүл жөнөтүп, өзүнө кыйынчылыктарды алып келсе да, жибибегенине таң калат. Авазбекке боор ооруп кетти: "Кой, ал да адам да, бир жолу анын чакырганына барып койоюн. Апасы эмне дээр экен, угайын, адамча сүйлөшөйүн, тагдырыма эмне жазса ошону көрөйүн. Канча далбастады, ошонун айынан Осмондон ажырадым". Анан туруп: "Баса, Осмон эмнеге менин көңүлүмдү калтырды экен? Балким ал Авазбектен корккондур, же мени өлтүрүп койобу деп чочугандыр, же мени аягандыр" деп ойлоно берип, өз суроосуна өзү жооп таба албай кыйналды. Оорулууну палатадан көрүп келип, анан кайрадан укол жазып берди. Анан Сейденин жаткан палатасына кирип караса, ал уйкудан ойгоно элек экен.

- Света, бул оорулууну жакшылап карап, ойгонгондон кийин укол жасап, оозуна суу тамчылатып тургула, эгер кан басымы көтөрүлсө мага чалгыла, - деди Калбүбү медсестрага.

- Жарайт, Калбүбү Темирбековна! - Света чыгып кетти.

Калбүбү саатты карады. Халатын чечип кийинди да, сумкасын алып чыгып баратып Сейдени бир көрүп анан жөнөдү. Ал сыртка чыкканда таза абага сергий түштү, эртеден берки эзип жаткан ойлор жел менен кошо алда кайда сиңип жок болуп, көңүлү көтөрүлө түштү. Ары жакта өзүн күтүп турган Авазбек алдын тосуп утурлай басты:

- Кеттикпи? - деди ал дароо эле.

- Кетсе кеттик! - Калбүбү ойлонбостон машинага отурду, машина ордунан жылып зымырап кетип жатты. Экөө үнсүз, алдыдан түпсүз узун жол, ойлорду самандай сапырат, жарым сааттай убакыт өткөндө баягы Калбүбү келип кеткен кабат үйдүн алдына келип токтошту. Адегенде өзү түшүп Калбүбү отурган эшикти ачты да:

- Келип калдык, жүрүңүз, - деп Авазбек ага жылмая карады. Калбүбү үндөбөй түштү да Авазбектин артынан басты. Авазбек тааныш эшикке келип кнопканы басты эле тааныш келин эшикти ачып:

- Келгиле, кириңиз үйгө, - деди. Калбүбү үнсүз үйгө кирип: "Эмнеге чакырды, апасы кандай ой менен чакырды экен, эмнени сүйлөшөт?" деп ойлонгуча аны чоң залга ээрчитип киришти. Төрдө жетимиштерге барып калган балпайган ажарлуу кемпир отурган экен, - Апа, конок келди, - деп Венера апасына кайрылды.

- Кел айланайын, отур мындай, - Кемпир ага жанынан орун көрсөттү, - Кандай, жакшы жүрөсүңбү, балам?

- Аа-аа жакшы, эне, - Калбүбү ыңгайсыздана отурду да, - Чакырыпсыз, - аны карай жооп күтүп калды.

- Шашпа кызым, чай ич, жай отур, сөз качпайт, - байбиче ойлуу колундагы шакектерин кармалай унчукту, - Бул жашоодо кеңешип иш кылсак баары чечилет, кам санабай отуруп тур!

Венера дасторконун жайып үстүн толтурду. Чай куюп адегенде апасына сунуп, анан Калбүбүгө карады:

- Чайга караңыз!

- Рахмат! - Калбүбү чыныны алып нандан алып кол учу менен чымчый оозуна салып чайдан ууртап, кемпирди көз кыйыгын сала карап коюп отурду. Көптөн кийин байбиче тамагын жасай сүйлөдү:

- Кызым, менин жалгыз балам акылынан адашып, бала-чакасынан кечип далбастаганча сүйгөн аял ким, кандай жан экенин өз көзүм менен көрүп, сөзүн угайын дегем, - Жай сүйлөп Калбүбүнү карады.

- Эне, мен Авазбектин мындай жолго барышына каршымын, анын өзүнө канча айттым, мени түшүнбөй эле кыйнап жатат!

- Түшүнөм, уулум өз оюн бербеген кежир, бала кезинен ошондой, эми эмне кылайын деген оюң бар? - кемпир Калбүбүнү сынай да, ишенимдүү да карап турду, - Өзүңдүн бир чечимиң бардыр?!

- Мен Авазбектин оюна каршымын, мына сиздерге айтып коюшум керек, ал мага канча, кандай жагымсыз иштерди жасады, менин сиздердин алдыңыздарда ачык айтайын деген оюм, мен андан бир топ улуумун, жашоомду тынч өткөрүүнү гана ойлогон аялмын!

- Туура , - деди эне аны карай, - Сен өзүңдү гана ойлоп жатасың, Авазбекти да ойлошуң керек эле…

- Сиз мени туура түшүнүңүз, мен таптакыр каршымын! - Калбүбү ордунан тура калайын дегенде эне аны аста гана этегинен кармап отур дегендей басып койду.

- Шашпа, сен али ойлонбопсуң, кызым, менин уулумдун тагдыры сенин колуңда турат. Жакшылап ойлонуп чеч, мен Авазбектин чечимине түздөн-түз кошулам, сүйүү деген адамды көлгө чөктүрүп, отко күйгүзүп, акыры шамал учурган камгактай керексиз кылып айталаада калууга аргасыз кылат. Суранам сенден, кызым, уулумду сактап кал?!

- Бул эмне дегениңиз, уулуңузду урушуп койгондун ордуна… - Калбүбү энени таңгала карап, - Экөөбүздүн жашообуз кантип, кандай болот, ойлогон жоксузбу? - деди эле Авазбек кирип келди:

- Мен ойлоп койгом, эң сонун болот, баары жакшы болот, мен сизди каалагандай жашоого жеткирем!

- Авазбек! - Калбүбү аны караганда эне жер караган бойдон үн катты:

- Уулум эмне десе мен макулмун, сен менден, элден тартынба. Ойлон кызым, өз тагдырыңды ойлон, кеч боло электе…

- Кызык… - Калбүбү ордунан туруп эшикти көздөй басты, ага эч кимиси үн деген жок. Венера аны ээрчий басып каалганы ачты да узата карап кала берди. Калбүбү кубанаарын же кайгыраарын билбеди. Эми сыртка чыкканда Авазбек артынан келип машинасын от алдыра эшигин ачты. Калбүбү үндөбөй отуруп алды. Авазбекти карагысы келбеди, караса эле сүйүп калчудай болуп туруп алчу, анткени анын Тилекке окшоштугун көрүп жүзүнө кароодон качып, ар дайым башка жакты карап кетчү: "Жок-жок, мен Авазбекти сүйө албайм, Тилегим алда качан өлгөн, менин сүйүүм ошону менен бирге өлгөн, мен бүрдөбөй куурап калган даракмын. Менин таянаарым, ишенээрим жалгыз үмүтүм - жумушум" деп ойлоп кете берди. Көптөн кийин Авазбек Калбүбүнү карады да:

- Ооба, мен үйдөгүлөрдү да кыйнадым. Апам карып калды, ал неберелерин жакшы көрчү, аларды абдан сагынды, мен жалгыз сени ойлоп жинди болуп баратканымды көргөн апамдын зээни кейиди, ыйлап-сыктады, акыры сизге үйлөнүүмө макул болду, - деди жолдон көзүн албай.

- Авазбек, сен өзүңдүн кежирлигиңден жасаган ишиңди туура деп ойлойсуңбу? Балдарыңдын убалы кимге, алар бир кезде сени эмес мени күнөөлөшөөрүн билесиңби, мен үй бузар, азгырык болуп көрүнөм алар үчүн, неге өз сүйүүңдү таңуулайсың да, менин жүрөгүмдү ойлобойсуң?

- Билесизби, жүрөгүм ооруп ооруканада көп жаттым, ошол кезде түшүмдө бир аялды көрө берчүмүн, ошол аялды мен таптым, ал сиз!

- Койчу?

- Чын, өзүм да билбей кетем, эмне болуп баратканымды өзүм билбейм, сизге жетип, сиз менен болсом эле дүйнөм түгөл болчудай сезилет, ишенсеңиз мен жинди болуп баратам, сактап калыңыз!

- Мейли эми, сөздү көбөйтпөйлү, мен келип калдым, - жолду карап - токтот, жеттим, - деди.

- Сизден оң жооп уга элекмин, эмне кылабыз, качан, кайдан сүйлөшөлү?

- Мен ойлоноюн Авазбек, жашоо оюнчук эмес, жети өлчөп, бир кесиш керек!

- "Ойлоноюн" деп мени канча ирээт жайгарып кутуласыз да, кайрадан жолугушуудан качасыз, мени жаш баладай ойнотуп жатасыз, кана, чечкиндүү айтыңыз, мен чакырган жерге келесизби? - Авазбек аны ийинден ала өзүнө каратты. Калбүбү анын көздөрүнөн жалтанып кетти: "Тилек түрмөгө барып жолукканда дал ушинтип караган эле" деп ойлоп алды: "Шумдугуң кургур, окшоштугун кара" деп Тилектин ошондогу сөзүн эстеп кетти: "Калбүбү, сен менин жанымда болсоң эле өзүмдү сакайып кетчүдөй сезем, канча өмүр сүрсөм өзүңдү ошончо жыл сыйлап өтөм, менин сөзүмдү кайтарбачы" дегенин көз алдына келтире:

- Жок-жок, мен сени сактап калам, сөзсүз келем! - деп жибергенин сезбей да калды.

- Болду эмесе, ишенейин… - Авазбек эшигин ачып Калбүбүнү түшүрүп, анан узата карап ал дарбазадан кирип кеткенде жылып жөнөдү.

Калбүбү кирээри менен үйдө абал жаман экенин сезди. Макулбек эртеден бери кыйналып жаткан.

- Оозуна наар ала элек, абдан кыйналды, - Кызгалдак жаңы басып жүргөн кызын көтөрүп алып алдынан чыкты, - Өзүң көрчү, ооруканага алып барсакпы?

- Азыр, коркпой туруңуз, кары киши эмеспи, ооруган жеринин кыйнаганы болсо дарылайбыз, - Калбүбү шашып сырткы кийимин чечип Макулбектин жанына келди, тамырын кармап көрүп: "аз эле калган тура, эми оңолбойт" деп ойлоп Кызгалдакты карады, - Эжеме телефон чалган жоксузбу?

- Аларды айттырдым, баарын айттым, түндөн келип калат.

- Жакшы, сиз коркпой эле коюңуз, бирок сак болуп карап турушубуз керек, жөн эле карылыктыкы, көптөн бери төшөктө жаткан неменин алы жок, ошонуку эле, - Калбүбү анан бирдемелерин камдап, укол куюуга даярданды: "Жок дегенде таңга чейин чыдай турсун, эжемдер келгенче чыдаса экен" деп жанынан жылбай отурду. Дем алганы солгун, өңү боппоз болуп кыймылсыз жаткан агасын карап өзүнө кылган мамилесин ойлоп көзүнө жаш алып көзүн албайт: "Кош агатайым, сенин адамгерчилигиң мени саздан, өлүмдөн сууруп алган эле, бирок мен ажалга аралжы боло албадым. Атамдарды жолуктурчу дүйнө болсо мени жүрөт деп айтаарсың, көргөнүңдү билдирээрсиң, кош эми, балдарыңдын колдоочусу бол" деп колдорун кармалап телмирет. Кызгалдак деле сезди белем, эки жагын жыйнап, көпчүлүк келгенге даярданып жатты: "Арга канча, өлбөгөн жан болбойт, менин жашоомо жарык берип бактылуу кылган адамым эле, ыраазы болсунчу, балдарына толгон байлыгы турат, өзү дагы беш-алты жыл жашаса, балдарга тээк болсо болот эле" деп ойлонуп көз жашын сыдырып алат. Ошол түнү таңга маал Макулбек үзүлүп кете берди. Жетимиш төрт жашында оорунун айынан алган жарынын боздогонуна, жаш калган балдарынын чырылдаганына карабай бул жарык менен коштошуп кете берди. Алия аябай ыйлап атты. Айсара да ошондо ооруп жүргөн инисинин кайгысын көтөрө албай кайра ооруп калды. Аны боз үйгө отургузбай келин, кызы үйгө киргизип, ысык чай берип, дары ичирип, карап жатышты. Макулбектин сөөгүн алып кетээрде Алия атакелеп чаңырып элдин баарын ыйлатты. Аны көрүп тургандар кошо ыйлап, узун сөзгө кирди. Бири кем дүйнө, деген тура: бири кайгынын кара түнүн жамынып отурса, бири оозуна келгенин сүйлөп ушакты узарткан.

- Бечара, дегеле кыйын күйдү, кантсе да өз атасындай болуп калды эле да.

- Капырай, өз атасындай болбой анан! Айрыкча ушу кызда эмгеги да көп болчу, жанындай көрчү, ыйласын!

- Жакшы жигит эле, артында туягы калып жакшы болду, аялы жакшы тура, жаштыгына менменсинбей улуу болсо да эр кылып жашап, бир башын эки кылып койду.

- Ошону айтпайсыңбы, "аял жакшы эр жакшы" деп, аялдын жакшысы үй-бүлөнүн бактысы да, үч-төрт жылдан бери ооруп калды эле, былк этпей карап бакты.

- Өзүнүн үч баласы, Макулбектен үчөө, алты бала менен калды, жалгыз алты баланы багыш буга деле кыйын.

- Оору дөөнү карып кылыптыр, деги Макулбек дагы беш-алты жыл тура турса балдары эсине кирип калат эле. Сексен жетидеги Жандарды карабайсыңбы, кыргыйдай болуп тың, ажал улук тура! - бири-бирине шыбырай шыпшынып жатышты.

Өлгөндүн артында ыйлап-жоктоп алаары, сыйлап ызаттап узатаары болгону кандай бакыт. Макулбекти боз үйдү тегерете өкүрүп жоктоп атса, үй ичинде эже-карындаштары, аялы, кызы чыркырап, акыркы сапарга узатып жатышты. Замир менен Амирге кошулуп өзүнүн эки баласы да ыйлап жүрөт. Салима менен Марс үч күндөн бери ошол жерде. Балдарын карап, эки жагын тейлеп Кызгалдак берген ачкыч менен ачып керектүүлөрүн алып берип атат. Үчүнчү күнү аны да жайына койду. Анын мүрзөсүнө үч күнү таң эрте куран окуп келип, үйгө өкүрүп түшкөндө Кызгалдак менен Калбүбү үйдөн үн чыгарат. Үчүлүк, жетилигин өткөргөндөн кийин баары кетип Салималар калган. Алар Кызгалдакка көңүл айтып, акырын көрсөтпөй винодон берип койот. Бири-бирине жөлөк-таяк болгон эки курбу ушул жолу да ортолору жакын болуп сыйлашып, бири-бирин кучактап өбүшө коштошту:

- Кызгалдак, кейип өзүңдү кыйнаба эми, балдарың турат, белиңди бек бууп, өз ишиңди алга жылдыра бер, - Салима көз жашын аарчып өөп койду.

- Ооба аяш, эми сенин алдыңда чоң милдеттер турат, балдарды өзүң ойлобосоң ар кимдин өз оокаты бар, - Марс көңүл улай сүйлөдү.

- Биз эми баралы, келип турам.

- Келип тургула, - Кызгалдак аларды узата карап туруп көз жашы куюлуп кетти: "Маке, эми сен жоксуң, ордуң турат, өзүң жок, сүрөтүң турат жаны жок, мени балдардын милдетин мойнума жүктөп коюп таштап кеттиң!" деп үстүндөгү кара плащтын этегин өйдө көтөрүп, жоолугун артына кайрып үйгө кирди. Төрдө экөө түшкөн сүрөт илинип турган, дароо ошол көзүнө чалдыкты: "Мен сени сагынып кеттим, тиги дүйнөдө кантип жалгыз жүрөм, айтчы Кызгалдак, сен мени сагынасыңбы?" дегендей күлүмсүрөй өзүнүн ийнине колун койо карап турат. Калбүбү үйдө болчу, экөө отуруп үйдүн ичин жыйнаштырмак болуп чай ичишти. Калбүбү:

- Мен эле жыйнаштырам, бирөө жарым келсе эмне дейт, - деп ага карады, - Байкемдин жаткан жери жайлуу болсун, көп кейибей балдарыңа кара, бел байла!

- Кейибей кантип койом, адам баарына чыдайт тура, агаңыз башкача адам эле да? - Кызгалдак оозунан кайгынын жалынын бүркө үшкүрүп алды, - Балдары чоңойгондо өлсө эмне…

- Жеңе, дагы жакшы, байкем сизге үйлөнбөсө, балалуу болбой өтүп кетсе эмне болот эле? Ушунусуна дагы шүгүр кудайдын, бала көрүп, артында уул-кызы калганга көңүлү тынч кетти!

- Аның ырас дечи, байкуш Макем…

- Кой эми, мен балдарга тамак берейин, бир аз уктап эс алып ал!

- Азыр, чын эле жаман кыйналып турам, - Кызгалдак төрдөгү төрт бүктөм төшөктүн үстүнө кыңкая жата кетти.

Калбүбү бир жумадан кийин жумушка келди. Сейде туруп басып калган экен. Ал Калбүбү кирээри менен башын көтөрө калып кайра жатты: "Тобо-о, мен кимди көрүп турам? Көздөрү жылуу учурайт да... Бирок ал кайдан доктур боло калсын, жөн эле окшош чыгаар" деп аны жалдырай карады.

- Кандай ден соолук, жакшы болуп калдыңызбы, укол алып атасызбы?

- Ооба, алып атам, рахмат, - Сейде аны жалдырай карап жооп берди. Калбүбү анын ичин басып көрүп, тигилген жери жакшы болуп калганын көрдү:

- Эртең үйүңүзгө кетесиз, ичиңизди тез-тез таңдырып турасыз.

- Мейли, - Сейде аны көзүн албай карап турганда сестра кирип:

- Калбүбү Темирбековна, сизге бирөө телефон чалат! - деп калды.

- Азыр, - деп коюп Сейдени карады, - Жакшы болуп кетиңиз, эртең дагы көрөм! - деп ордунан шаша турду.

- Калбүбү… - деп көздөрүн чо-оң ача артынан үн салган Сейде нес болгондой кала берди. Калбүбү трубканы ала койсо Авазбек экен.

- Алоо! - деди ал дароо эле, - Түштөнүүгө келиңиз, мен сизди оорукананын жанындагы кафеден күтөм! - ал Калбүбүнү сүйлөтпөй эле коюп койду. Калбүбү: "Деги бул менин жумушка качан келип, качан кетеримди карап эле турабы?" деп отургучка отуруп калды. Аңгыча кабинеттин эшиги ачылып Сейде кирип келди, бирок эмне дээрин билбей ыңгайсыздана аны жалдырай карап:

- Сен Калбүбүсүңбү? - деп араң сурады.

- Ооба, эмне болду? - Калбүбү аны билмексенге сала сурап койду.

- Эчтеке, дагы бирдеме сурасам болобу?

- Сураңыз, - Калбүбү аны карабай стол үстүндөгү кагаздарын кармалап жооп берди.

- Калбүбү, сени мен бирөөгө окшоштурсам кечирип кой, бирок анын да аты Калбүбү болчу… - Сейде артына бурула берип, - Ал доктур эмес эле… - деп чыгып баратканда Калбүбү аны токтотту:

- Эже, ал кимиңиз эле?

- Эч кимим эмес, бир таанышым эле…

- Чын эле окшоштурмун, - Калбүбү күлө туруп келип, - Мени тааныдыңбы? - деп кучактап калганда Сейде да аны кучактап калды.

- Мен көрүп эле тааныдым, бирок "башка болуп калабы, окшош болсо керек" деп ойлоно берип жаман болбодумбу?

- Кандай анан? Дарман акени көрдүм, ал картайып кетиптир, өзүң дагы…

- Калбүбү, бизди айылга баргандан кийин азап тосуп алды… - Сейде ыйлап ийди. Аны Калбүбү отургучка отургузуп жатып:

- Кандай азап? - деп тиктеп калды.

- Айылга бардык, туугандардын баары жакшы тосуп алып коноктоп, колдорунан келгенин берип жакшы эле жашап жатканбыз. Барганыбызга бир жыл болгондо улуу балам ат менен тоого барып келем деп кетип, аттан жыгылыптыр, кечинде сөөгү келбедиби.

- Жаман болгон тура, "тууганыңа эмес тураарына сүйүн" деген ошо да, эми берки балаңа өмүр берсин.

- Ошондон кийин Дарман экөөбүз тең болбой калдык.

- Кайгы жаман, Сейде, эми мындан ары уулуңду үйлөйсүң, той бересиң, келиниң төрөп берсе небере багасың, - Калбүбү аны ойлуу карады.

- Аның ырас, чоңойгондо бизди кан жуткуруп кетпедиби, каралдым.. Баса Калбүбү, деги сен качандан бери иштеп атасың?

- Беш жыл болду.

- Жакшы болуптур, - Сейде экөө сүйлөшүп отурганда телефон чыр этти.

- Ало, - Калбүбү ала коюп делдейе туруп калды.

- Авазбекти машина коюп кетти, тез чыга кал! - деди телефондогу үн.

Селдээ түшкөн Калбүбү ордунан шашып туруп, сыртты көздөй жүгүрдү. Эшикке чыгып жол боюна жетип келсе бир топ адам тегеректеп, ортодо жаткан адамды карап турушуптур. Калбүбү элди эки жакка түртө жарып ортого чыкса, Авазбек көмкөрөсүнөн жатат, жанында роза гүлдөрү чачылып калыптыр:

- Скорыйды чакыргыла! - Калбүбү үнүнүн бардыгынча кыйкырып, Авазбекти кучактап башын көтөрүп, - Авазбек, көзүңдү аччы, эмнеге шаштың, кайда шаштың?! Азыр тез жардам келет! - деп көзүнүн жашы куюла кучактап отурганда Авазбек көзүн ача:

- Мени бекем кучактачы алдыңда, колуңда туруп жан берсем арманым жок! - деп алсыз шыбыраганда:

- Авазбек, антпе, мен сени сактап калам, сен сөзсүз аман каласың! - деп анын башынан сызылган канды аарчып атканда тез жардам келип калды. Калбүбү аны менен кошо чыгып ооруканага келип, өзү кошо карап атты. Авазбек анча жаракат албаптыр. Ал Калбүбүнүн колун кармай врачтардын тегеректеп калганына карабай:

- Менин жанымда болуңузчу, мен сиз үчүн, жолугууга келбегениңиз үчүн автоматтан чалып туруп, анан өзүм урундум, мен сен үчүн! - дегенде жанындагылардын баары чыгып кетишти.

- Болуптур балакай, мен жаныңда болоюн, мындан ары мындай кылбай жүр, ээ? - деп күлүмсүрөдү Калбүбү.

- Мен бактылуумун, эгер сен менин айтканыма көнсөң, мен эч качан бул акыбалга келбейм! Айтчы, сен мени таштабайсыңбы, алдабайсыңбы?

- Жок алдабайм, таштабайм дагы, мен сени мененмин! - Калбүбү жанына отуруп анын төшүнө башын жөлөп көзүнөн жашын төгө сүйлөп жатты, - Мен сенин эркиңдемин!

Калбүбү анын жанында көпкө отурду. Жыгылганда башы тийген экен, бир аз жаракат алган жерин таңып, дарылады. Сүйүү деген ушунчалык кереметтүү, табышмактуу дүйнөнү экөө бирге аралап, түбөлүк бирге болууга макул болду Калбүбү. Калган өмүрүнүн ысык-суугун, ачуу-татуусун бир көрүүгө даяр турду. Авазбек аны кучагынан чыгаргысы келбей отура берди: "Мен эми бактылуумун, тилегиме жеттим!" дегендей көздөрүнөн бакыттын жалыны чачырап, ушул мүнөттөрдө өзүн бакыттын чексиз ырахатына балкыткан… сулуу дүйнөнү эми гана көрүп тургандай мемиреп отура берди…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз