Айгүл ШАРШЕН


"Кайталанган тагдыр"






Автордон

Кадырман калкым! Менин чыгармамды сүйүп окуп келген сүйүктүү замандашым, мен өзүмдү кандай кырдаалда турбайын эч качан бактысыз деп сезбей келем.

Анткени мен тирүүмүн, тирүүлүктүн өзү бакыт эмеспи. Тагдырым талбас эмгегим, жараткан берген сыноом деп сезем. Анткени бул өмүр ар бир тирүү пенде үчүн сыноо! Ошол сыноого сынбай, тирүүлүктүн кымбатын сезип, өмүрдүн кыскалыгына баа берип, ошол бир берилген жашоо сынагынан мүдүрүлбөй, сынбай адам деген ат менен жашап өтсөк... Ооба, мен итке минген кедеймин, бирок менин чыгармамды сүйгөн эли журтум, баа жеткис байлыгы бар мекеним, алла берген кудуреттүү чыгармачылыгым менин байлыгым деп эсептейм! Сиздерге сунулган ар бир чыгармамдын сыры дал айланамда болуп жаткан көйгөй, кээде бири-бирине окшошкон тагдырлар туш келип калат. Мен аны айтып берген замандашымдын сунушунан баш тарта албайм. Мисалы эмки чыгармам дагы баккан кыз жөнүндө болмокчу, себеби ал жаш кыздын тагдыры төрөгөн апасына окшоп өзүнөн улуу адамга байланып калганы кызык да, өкүнүчтүү да.

Ошондуктан: "Кайталанган тагдыр", - деп атадым. Эмесе сиздерди урматтоо менен баарыңарга ийгилик каалайм!

Кыргызымдын кылымдарды карытканын.

Уулдары чыгаан баатыр болушканын.

Таңгалдырып Манас деген ураан менен,

Урпактары эскерип туу тутканын.

Билбеген дүйнө эли жокко эсе.

Пейилине гүл өнгөн кыргыз калкым.

Миң жылдаган тарыхы бар кыргызымдын.

Гүлгө оронгон тоолору бейиш төрү.

Кен байлыктын мекени уюткулуу.

Алмашпас эч нерсеге куттуу эли.

Жигиттери жеңил ойноп ат үстүндө,

Душманына колтук ачпас эрендери.

Кыздары кымча белдүү периштедей.

Келиндери кербезденип кеп илээшпей.

Энелери ак элечек умай эне.

Жүзүнөн нур төгүлөт көктө күндөй.

Уулдары эр көкүрөк, намыска бек.

Мүлдө журтту сактайт көздүн карегиндей.

Оо дүйнө, түштү мүшкүл мүлдө элге,

Ок атты эл атасы өз элине.

Мындайды күтпөгөн эл таңыркашып.

Жакаларын кармашты: "Оо шерменде".

Эли жерин таштап кетти канга бөлөп.

Баш калкалап, жүз жашырып бөтөн элге.

Кырчындай жаш жигиттер кечээги эле.

Оомат болду кан жутуп көз ирмемде.

Кырк күнү аза күттү бүтүн кыргыз.

Ыйлап турду ал тургай бир боор эне.

Калкына кара санап ок аттырган.

Дүйнөдө мындай шумдук болду беле?

Кайгырып өлгөндөргө таазим этип.

Кан какшап каргап турду бүтүн эли.

Калайык калкын кадыр кыла албаган.

Кан ичерге аесуз "өлүм" деди.

Туулган жердин топурагын канга бөлөп.

Дүйнө жүзүн таңдандырып басып кетти.

Өз укугун талашып мекен деген.

Гүлүстөн кеткен элдин эрендери.

Артына эл эскерээр из калтырып.

Өз элинин намысы үчүн жанын берди.

Арбагы үчүн арстандай жигиттердин.

Ыр сунам, түбөлүк жай берсин эми.

Керилтип боз үй тигип жайлоологон.

Коногуна ак пейилден коюн сойгон.

Бээ байлап суусунуна кымыз жутуп.

Кыздары беш көкүлдүү сууда ойногон.

Кең пейил элим бүгүн ыйлап турат.

Кырчындай сексен уулун жок-жоктогон.

2010.04.07

Айгүл Шаршен.

Самарбек менен Жамал бир кезде арзышып баш кошушкан, төрт уулду болуп алды он эки, арты бешке чыгып калды, бир кыздуу болууну канчалык самат күткөнү менен болбоду. Сиңдиси райондук төрөтканада акушерка болуп иштечү, бир күнү ал өзү келип калды, ал эжесинин кыздуу боло албай жүргөнүн билгендиктен келип кеңешти эле ал күйөөсү Самарбекке кеңешип дароо эле районго жөнөдү, кызды көрүп мээрими түшүп багып алууну чечти. Наристенин төрөлгөнүнө он чакты күн болгонуна карабай көздөрү капкара, ээгинин оң жагында, оң канынын четинде калы бар кызды документтерин даярдап бүтүн алып келип багып калды. Атын Азем деп коюп Жээнтек берип кубанып, төрөт баласына кошуп эркелетип багып алышты. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок дегендей суунун агымындай аркыраган мезгил бат эле өтүп Азем мектепке барып сабакты жакшы окуй баштады. Өзү чыйрак анан зирек кыз болду, айтканды илгиртпей аткарып Жамалдын колуна кол болуп чакылдаган кызына ата-эне үйрүлүп түшүп турушат, Самарбек Азем кыз деп кайда барса ээрчитип алчу эле чоңое баштаганы өзү эле ээрчигенди койгон. Төлөбай деген эң улуу баласы Аземди аябай жакшы көрөт, бир жактан келгенде таттуу ала келип, шарик үйлөп берип ойнотуп калат. эң кенжеси Чоро, ал аны анча сүйбөйт негедир, бир жолу мектепке кружокко катышмак болгон Азам апасына:

- Апа, мен бийлейм, кыргызча көйнөк тигип берчи, - деди эле:

- Тигип бербей анан кызым, артист көйнөкпү? - деди Жамал жылмая.

- Ооба, тукабадан чыптама.

- Кызыңарга эле жасап бере бересиңерби? - деди Чоро тултуя.

- Сага эмне болду балам, карындашың мектепке жакшынакай болуп барса сага деле жакшы эмеспи? - деди Жамал күлүп.

- Мен деле катышам кружокко, кызың барбай эле койсунчу.

- Ыкы, мен бийлейм да, - Азем эдиреңдеп болбойт.

- Экөөбүз тең кружокко катышмак белек?


- Эчтеке болбойт, - деп Жамал балдарына мээримин төгө карады, Жамал жалгыз кызына ансыз дагы кийимдин жакшысын кийгизип, бир дагы жолу мектепке өзүнчө кеткен эмес, өзү мугалим болгондуктан балдарын таза карап, тартиптүү кылып өстүрдү. Самарбек өмүр бою мектептин директору, завуч болуп турду, райондук кеңешке депутат, үлгүлүү үй-бүлөөнүн катарын толуктап турган кадыр-барктуу адамдар. Азем төртүнчү класска окуп калганда өзү менен бирге окуган Аида деген кыз экөө тартыша кетти:

- Сени багып алышкан, сен таштандысың! - деди эле Азем аны түртүп ийди.

- Калп, сенин өзүңдү багып алган.

- Ишенбесең кой, баары эле билишет, - деп Аида кийимин кагына чукчуңдай басып кетти.

- Сен бит башсың, дайыма кир келесиң, - Азем башка кеп таппай калды, анан үйүнө келе жатып аябай ыйлап алды, ошондо анын жан дүйнөсүн "таштанды", - деген сөз ийне менен сайгандай оорутканы менен дээринде бар кыз өзүн-өзү сооротуп көзүн аарчып эчтеке болбогондой келди. Жамал келе элек, Төрөбай байкеси бар болчу:

- Азем, сен ыйладыңбы? - деди ал.

- Жок, ыйлаган жокмун.

- Көзүңдө турат го? - деп эркелете ээгинен көтөрө өөп койду, - Бирөө менен уруштуңбу же?

- Эмнеге урушмак элем? - Ички бөлмөгө кирип кетти.

- Кардыңды тойгузуп ал Азем, - деди анын артынан Төрөбай. Төлөбай менен Төрөбайлар болсо үйлөнүп калышкан эки келин бар, Төлөбайы шаарда турат, Төрөбай аялы экөө колунда, Жоробайы райондо иштейт. Чоросу тогузунчуда окуйт. Ата-эненин сөзүн уккан тартиптүү да ынтымактуу балдары бар, ата-энени сыйлап турушат. Аземдин көзүн карап турушат, ошондон кийин негедир Азем эркелегенин коюп эсейгенсип бара жатты, эмнеге анын бат эле мындай тез токтолуп калганына айрыкча Жамал ойлонуп калды: "Буга бирөө бирдеме дедиби, же чындыкты айтып койдубу, кандай ниетиң куурагырлар айтты экен, андай болсо эмнеге бизге айтпайт, жок дегенде эмнеге мени багып алдыңар, багып алганыңар чынбы деп сурабады, балким эч нерсе билбейт, тең токтолгонубу, андай болууга мүмкүн эмес эле, токтолоор куракка али жете элек", - деп ойлонуп бир күнү Самарбек экөө отурганда жүрөк өйүгөн суроону берди:

- Самар, Азем бирдеме билет деп ойлойсуңбу?

- Эмнеге Жамаш?

- Байкасам Азем бир мүнөз болуп бара жатат.

- Чоңоюп бара жатпайбы, илгери он үч жашында күйөөгө тийчү, азыркы кыздардын ырысы тоодой, - Самарбек күлүп калды.

- Сен тамашага чалба, ушу кызга бирөө бирдеме деген шекилдүү.

- Жок, сен күмөн санай бербе антип, Азем кызым эчтеке билбейт, - Самарбек уккусу келбеди, анткени ал өзү дагы кээде ойлонуп кызын бирөө келип: "Менин кызым, жаңылдым жаздым, мени кечирип койгула, кызымды өзүмө бергиле", - деп кимдир бирөөнүн кирип келишинен сактанып да күтүп да сары санаа боло берчү, бирок Жамалга сыр бербей жүргөн.

- Эмне деп ойлойсуң анан? - деди эми салмактуу.

- Бирөө жарым бакма экенин айтып койгонбу дейм.

- Ким айтмак эле?

- Бала-чака, же бирге окугандары.

- Ким билет, анда бир ооз сурайт эле го?

- Өзү абдан зирек, балким укканын айткысы келбегендир?

- Күмөн санай бербе, кызым жакшынакай эле, - Самарбек ушинткени менен ичинен кыжаалат боло түштү: "Баккан бала ууру кылгандай эле тура, качан угуп, билип калат деп сары санаа кыла берет, балким баарын билип алып унчукпай жүргөндүр, Жамал айткандай абдан зирек, митаам кыз билмексен болуп жатабы, же өздөрү айтаар деп күтүп жүрбөсүн, же жөн эле эч нерсе билбестир", - деп ойлоно калды.

- Сен андан сурап байкап көрбөйсүңбү?

- Эмне деп?

- Эмне болду, эмнеге капасың деп сурасаң болот го?

- Аа-а, мен дагы түз эле багып алды деп ким айтты деп сура дегени турабы...

- Ой жо-ок, жинди болдук беле, өзүң мугалим эмессиңби, акырын байкап иш кыл, баланын психологиясын билесиң го? - деп Жамал күйөөсүнө жини келгендей сүйлөдү, - Кандай сүйлөшүштү билесиң да.

- Жарайт Жамаш, бүгүн кызым менен сүйлөшөйүн, - Самарбек баш ийкеди.

Жамал унчукпай калды, анткени келини Айжан кирип келе жаткан эле, ал башталгыч класстардын мугалим, Төрөбай математик , булардын үй-бүлөөсү ушундай интеллигент адамдар эле. Сөздөрүн башка жакка буруп калышты, Айжан деле билген эмес, ага жакында эле Төрөбай айтканда билди:

- Азем келе жатабы балам? - деди Жамал, - Кечишип жатат го?

- Алар эбак эле тарашкан апа.

- Анан кайда жүрөт ал кыз? - Жамал чоочулай ордунан турду, - Мен карап келейинчи.

- Келет да, чоңоюп калбадыбы, кыздар менен ойноп жүргөндүр? - деди Самарбек.

- Келип калаар апа, - Айжан дагы тынчтандыра карады, - Кыздар менен жүрсө керек, мен карап коеюн, - Сыртка жөнөдү.

Азем ошол кезде жолдон буруу жерде бир чоң түп дарактын түбүндө сумкасын кучактап алып ойлонуп отурган, эмнени ойлогону деле белгисиз, бирок кыялы алда кайда учуп дароо эле жомоктогу ханышанын өзү болуп ата-энесине жетип калды: "Кызым кайда жүрдүң?", - деп апасы аны кучактап калды: "Мени эмнеге силер таштап койдуңар эле апа", "Жо-ок кызым, сени таштабай эле уурдап кетишкен", "Таппай калдыңар беле", - деп эркелейт кыз? "Мени таштанды дебедиби апа", "Жалган кызым, сени уурдап кетишкен", - деген таажы кийген сулуу апасы аны кучактап такта отурган атасына алып барды: "Атасы, кызың келди, башына коронасын кийгиз, мындан ары сенин жаныңда болсун", - деп бактылуу жылмайып кыялында да өз ата-энеси менен кучакташып көрүшкөнү жатканда:

- Азе-ем, Азе-ем! - деген үн анын таттуу кыялын бузуп жиберди.

- Ай ушуларды, жок дегенде ойлогонго убакыт беришпейт, - деп кадимки чоң кишидей тултуң эте ордунан турду, - Мен мындамы-ын жеңе!

- Ай, деги кайда жүрөсүң, атамдар кабатыр болуп жатпайбы?

- Бара жата-ам, - дулдуя Айжандын алдына түшүп жөнөдү.

- Экинчи минтпей жүр макулбу?

- Маку-ул.

- Азыр апам капаланып жатат, - Айжан аны колдон алды, катуу урушкандан чоочуйт.

- Эмнеге?

- Сен кечиксең капаланат да.

- Аа-а, мен жөн эле отуруп ойлонуп жатканмын да.

- Эмнени ойлондуң?

- Жөн эле, хан-ханышаны, алар жомокто гана болот ээ?

- Эмнеге, жашоодо деле болот, ошол үчүн жомок жазылган да.

- Чын элеби?

- Ооба, жомоктор деген чын жашоодон алынып жазылат.

- Иий да, - деп койду Азем, ошол бойдон сөз жалгашпай үйгө келишти.

- Эмне болду кызым, кайда жүрдүң? - Жамал далбастай алдынан чыкты.

- Ойноп жүрүптүр, - Айжан жооп берди.

- Окуудан тараганда тез келип жүр дебедим беле кызым, кардың ачты го? - Жамал үйрүлө карап сумкасын колуна ала коюп үйгө жетелеп кирди, - Садагаң кетейин десе ачка жүрө бербе да.

- Апа, ачка болгонум жок.

- Ачка болсоң ооруп каласың.

- Мен математикадан беш алдым.

- Азамат кызым, - Самарбек кубаттады.

- Ананчы, жомок өттү эжей.

- Кандай жомок? - Жамал көңүл бура карады.

- Хан менен ханышайым, анан дыйкан, алардын баккан кызы...

- Ким багыптыр? - Жамал Самарбекти карады.

- Хандын кызы уурдалыптыр, анан дыйкан капысынан ал кызды багып алат...

Самарбек менен Жамал унчукпай бири-бирин карап тим болушту, Азем кыялындагы ханыша эле оюнда: "Менин ата-энем дагы мени жоготуп алып таппай жаткандыр, эгерде билсем өзүм эле бармакмын да силердин жоголгон кызыңар менмин демекмин, ошондо мени алар ыйлап тосуп алышмак, анан атамдарга келип мени кечиргиле ата-ап, мени эмнеге уурдап кеттиңер эле деп айтмакмын", - деп ойлоно түшкөндө.

- Азем, келе кой тамак ичип ал: - деп үн салды Жамал, ал ойлору чачкындай түшүп тыпыя келип отуруп калды.

- Кызым, көптөн бери эмнени ойлонуп жүрөсүң? - деди Самарбек чачынан сылап жыттап.

- Ойлонгон жокмун.

- Мейли тамагыңды иче кой, - деп тим болуп калды, ал күнү алар көп эле баланы чүнчүтө бербейли деп унчукпай калышты, анан экөө өз үстөлдөрүнө отуруп сабакка даярданып жатышты. Самарбек тарыхчы, Жамал физика мугалими, анан гана Аземге жардам беришет. Мугалимдердин үй-бүлөөсүндө ушинтип чоң оюн жатты. Убакыт дегенди кээде удургуган шамалга, аркырап аккан сууга, бирде зымырык куштай зымыраган мезгил көзгө көрүнбөй өтүп кетти, бат эле Азем солкулдаган сулуу кызга айланды. Өзүнө теңдүү жигиттер канча сөз айтты, кат жазды, бирок кыз жүрөгү эч кимисине багынбады.

Самарбек менен Жамал аны окууга жөнөтмөк болуп турганда Азем алар менен сүйлөшмөк болуп келген эле, бирок канчалык чечкиндүүлүк кылайын дегени менен ал айта албады. Жамал сөз баштады:

- Кызым, кайсы окууга баргың келет?

- Мед академияга тапшырсамбы дегенмин.

- Макул, анда даярдан, - Жамал жылмайды.

- Бирок анын контрагы жогору да апа.

- Эчтеке эмес, бир кызыбызды окута албай калмак белек?

- Ошондо деле...

- Апа...

- Жо-ок кызым, сен документиңди топтой бер, - Жамал башын ийкеди.

- Жарайт, - Ошол кезде Самарбек жок эле, - Апа бир нерсе сурасам болобу?

- Сурай бер кызым.

- Апа, мени кечириңизчи, бирок сураганга мажбурмун, - дегенде Жамал аны ойлуу карап: "Демек мезгили келген экен го, акыры ушундай болоору бышык эле, эми жооп берүүгө туура келет, уккан экен да", - деп туруп калганда Азем: "Мен эмнеден кем болдум, эмнеге баккан кыз экенимди айтып жүрөгүн оорутам, жо-ок айта албайм апакебай, мен эч качан бул сырды билээримди айта албайм", - деп ойлонуп, - Апа, окууга барбай эле койбоюнбу? - деп нугун башкага бурду.

- Эмнеге? - Жамал кызынан күткөн суроону укпаганга жеңилдене түштү.

- Мен үйдө эле болоюнчу.

- Жо-ок кызым, атаң Бишкектеги досуна чалып койбодубу.

- Быйылча барбай эле койсом дегенмин.

- Болбойт, окууң абдан жакшы, үйдө калсаң ала качып кетип бат эле бала күтүп окуудан дагы каласың кызым.

- Макул анда апа, - Азем жаркылдай апасын кучактап калды.

- Алтын кызым го менин, - Жамал өзүн бактылуу сезип кызын өөп чачынан сылап эркелетип отуруп калды, - Али дагы кичинекейиңдей эле тентексиң кызым.

- Апа, мынча эмнеге эркелетесиз?

- Сен менин жалгыз кызымсың да.

- Агамдар турбайбы, мен жалгыз эмесмин.

- Акылдуум менин, алар уул бала да, а сен менин эрке жалгыз кызымсың, - Жамал күлүмсүрөй карап башына башын жөлөп көпкө отурду.

- Төлө акемдикинде боломбу?

- Анан эмне, ага-жеңең турганда батирге турмак белең?

- Ооба ошону айтам да-а, - Күлүп койду.

- Кызым, даярдана бер, - деп Самарбек кирди, - Буйруса сүйлөшүп справкаларды алып койдум, бир жумадан кийин өзүм алып барып киргизип келем.

- Макул ата.

- Кайсыга баргың бар?

- Мед академияга.

- Болду, баары сен айткандай болот кызым, - Самарбек ишенимдүү айтты, балдарына билип берип, тарбиялаган ата-эне кызы чоңойгон сайын сары санаа боло башташкан эле: "Кайсыл күнү мен ата-энемди таптым, же апамды таптым, мени кечирип койгула", - деп басып кетээр экен деген ой күнү-түнү тынчын алат.

Бирок окутуп адам кылып коюуга милдеттүүбүз деп сезип бир чечимге келишкен эле, Азем дагы өз ичинен: "Мен сөзсүз ата-энемди издеп табамын, анан чындыкты сурап билем, эгерде мени бага албай, таштаганы чын болсо басып кетем, мени баккан ата-энемди жер каратпай, жүрөгүн оорутпашым керек, алар мен үчүн баары", - деп ойлонуп жолго даярданып жатып кичинекейиндеги ойногон куурчагын колуна алып ойлонуп жатып көзүнө жаш кылгырды. Анткени анын жаштыгы артта калып жакшы-жаманды, ак-караны түшүнө баштаган, ал тургай турмуш жолунун бирде татаал да, бирде табышмактуу экенин жон териси менен сезип калган. Балким аны эч нерсени сезе электе: "Сени багып алган, таштандысың", - деген сөз өз ордуна койгондур, бирок ушул куурчак менен ойноп жүргөн кезде анын жан дүйнөсү кандай гана таза эле, ал кыялында ар дайым ханышадай сулуу анан жөкөр кыздары бар болгонун каалачу. Бир жолу ал жомокту Жамал айтып берген болчу. Ошондо куурчагын ханыша деп атап алып аны менен сүйлөнчү, анан өзү анын апасы болуп алып ар дайым куурчагына жомок айтчу... Ал ушуларды ойлонуп отуруп: "Бала бойдон калган кандай жакшы, бирөөнүн жаман жагын көрбөй өз дүйнөң менен алышып таптаза булактын суусундай таза сезим менен айланаңдагыларды бирдей көрөсүң, эч качан андан жамандыкты күтпөйсүң, ээх неге чоңойдум экен, бул дүйнөгө адам болуп келгенден кийин өз парзымды аткарууга тийиш экенимди сезгенде соң жоопкерчиликти мойнуна алууга тийишмин", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Аны эртең менен Жамал ойготту:

- Тура гой кызым, жолдон кечигесиңер, - Эңкейип өөп карап туруп калды, - Кызым сулуу кыз болгон тура, түү-түү эмне деп жатам деги, Азем, тура гой.

- Ии-ий апа, бир аз жата турайынчы, - Азем уйкудан тургусу келбей оодарылып кетти.

- Кой тур кызым, жол алыс.

- Азы-ыр, - Азем кериле көзүн ачты, - Уктаган жоксузбу?

- Сени жолго чыгат деп уйкум келбеди кызым, - Этек жагына көчүк басты.

- Эмне болот эле, келип турам.

- Жанымдан алгачкы жолу алыстаганы турасың кызым.

- Баары эле ошентишет...

- Ооба, баары эле алысташат, ата-энеден бөлүнөт, - Жамал Аземди бир топко ойлуу карап турду, - Ата-энеден балдар бөлүнөт, туура кызым...

- Ойлонбочу апа, окубай эле коеюн десем өзүңөр болбойсуңар, - Азем туруп апасын кучактады, - Алтыным апакем.

- Секелегим, тура гой, тамак даяр, - Жамал бөлмөдөн чыгып кетти, ал Аземдин кетээрин билип туруп эле ичи ачышып жатты, жанындай көргөн кызы алыска кеткенине көнө албай турду, уул-келини деле бар, пенсияга чыккан, ошентсе да үйдө отура албай сабак берет, чоң класстарга эки сааты бар, тез эле бошоп үйүндө. Алар келгенде Самарбек кийинип даяр болуп отурган экен.

- Турдуңбу кызым? - деди ал.

- Ооба.

- Документтериңди унутпай ал.

- Даяр.

- Кел эми карынды тойгузуп алып кудай деп жолго чыгалы, үчөө үстөлгө отуруп тамактанышты, Төрөбай менен Айжан мектепке кетишкен. Өздөрүнүн унаасы менен жолго чыгышты, алар Төрөбайдыкына келгенде күн кечтеп калган эле, Самара банкта иштейт, келе элек экен, эки баласы үйдө болчу:

- Чоң атамдар келди! - деп биринчи класста окуган экинчи баласы жүгүрүп келди, - Чоң ата!

- Айланайын, чоңойдуңбу? - Самарбек небересин өөп, Азем дагы аны өөп анан ичкери киришти, - Атаң кайда?

- Атам үйдө, апам жумушта.

- Кандайсыз ата, Азем чоңойдуңбу? - Төрөбай чыга келди.

- Жакшы жатасыңарбы балам?

- Жакшы эле, үйгө киргиле.

- Келин келе элекпи?

- Жок, Азем окууга келдиңби?

- Ооба, кайсыга окуйсуң?

- Мед академияга.

- Оо катуу кеткенсиң го? - Төрөбай күлүп калды.

- Кызымдын окуусу катуу да, - Самарбек да күлдү.

- Контрагы ошончолук го.

- Мен бюджетке өтөм.

- Өтпөсөң контракты деле төлөйбүз кызым, төрт агаң жылда он миңден берсе калганын өзүм төлөйм.

- Мейли-мейли, төлөйбүз да ата.

- Ошо, эртең документ тапшырабыз, мен Султан Керимович менен сүйлөштүм, буйруса ага жолугамын да кызымды тапшырам, - деп Самарбек өз оюн айтып жатканда Самара келип калды, учурашкандан кийин кайнатасына казан асып коноктоого киришти, Азем жеңесине жардамдашып жатты, ара чолодо экөө кеңешип тамакты жасаганча сүйлөшүп жатышты:

- Студент болот экенсиң да.

- Ооба, пешенеге жазса.

- Атамдын тааныштары күчтүү.

- Өз күчүмдү сынап көрсөмбү дегенмин.

- Антсең деле болот, жигит менен сүйлөшөсүңбү?

- Жеңе-е, - Азем эркелей карады.

- Эрге тийесиң да, же катын алмак белең? - Самара күлө карады.

- Эми азыр эрте да.

- Окуй берчи, анан со-онун жигиттер бар.

- Азыр кереги жок.

- Мен сени күйөөгө беремин, - Тамашалай күлдү.

- Атамдарга айтайынбы?

- Тамаша, келбей жатып тажап кеттиңби деп кубалап жүрбөсүн? - Күлүп тамагын көтөрүп жөнөдү, - Жүрү эми, мага таарынба, негизи жеңе кайын сиңдини билет, жакшы жерге барсын дейт, баары эле жеңеси аркылуу тиет да кыздар.

- Укпайм жеңе, - Азем күлө эшикти ачып берди. Алар тамактанып анан эс алууга кирип өз бөлмөлөрүнө киришти. Эртеси Самарбек окуу жайга Аземди ээрчитип барып Султан Каримовичке тааныштырды, булар бирге окушкан, Самарбек жөнөкөй мугалим болуп Султан окумуштуу болуп кеткен, үч баласын ушул аркылуу университетке өткөргөн, илимдердин кандидатты, дал ушул кезде Мед академияда декан болуп иштеп жаткан эле. Экөө жылуу учурашып Аземди тааныштырды да керектүү кагаздарын берип кызын жөнөтүп ийип өзү курсташы менен калып калды. Алар өткөн кеткенди, студент кезди эскеришип көпкө пикоканада отурушту...

Самарбектин карындашы Бегет карапайым адам, анын эки кыз эки уулу бар, балдары эл катары үй жай күтүп калган, эң кенжеси Нургүл негедир өтө эле сергек, анан тез жетилди. Жетинчини окуп жатканда эле Төлөбайды жактырып калган, мектепте үлгүлүү, атасы мектептин завучу, өзү дагы чоюлган бир мүнөздүү жигит болгондуктан аны сүйгөн кыздар көп эле, бирок ал кезде кыздар совети ар дайым кыздардын жүрүм турумун сындап чогулушка салгандыктан көбү өз абийирин сактап жигиттерге сүйлөй албай, ал тургай кат жазгандарга жакшылап жооп бере алышчу эмес. Нургүл алардан жашыраак болгону үчүн анын жанына бара алчу эмес, канчалык аны өзү көргүсү келип, өзүн көргөзгүсү келгени менен болбоду. Ошентип Нургүл ата-энесинин шартына карап башка мектепке которулуп кетээрде чакан кагазга: "Төлөбай сени сүйөм, сен үчүн жалындаган оттой күйөм", - деп жазып бир кыздан берип жиберди. Ал кыз өзүнүн агасы Калыбекти сүйгөн кыз болчу, ошол кезде Калыбек аскерде болчу, райондук мектепке келип окуп калган Нургүл бир күнү өзүнүн атына келген катты алды, сыртындагы кол жазманы көрүп толкундана үйүнө келип дароо эле сыртка чыгып окуп кирди, бирок кубанаар кабар эмес эле, ызаланчу да эмес экен. Анткени Төлөбай ага: "Сен али жашсың, окушуң керек, сүйүү деген сен үчүн болбогон нерсе, окууңду улант, анан сүйүүгө жолугасың", - деп кыска гана жазыптыр. Нургүл ыйлап эс алды: "Сен менин жүрөгүмдөгү оргуштаган таза булактай сүйүүмдү кайдан билесиң, менин бае сезимим, таптаза жан дүйнөм ар дайым сен деп сен үчүн гана бул дүйнөнүн мээ кайнаткан ысыгына, ызгаардуу аязына чыдап жашоого акылуумун", - деп ойлонуп ыйлай берди. Анын апасы клубда контролер болуп иштечү, ал келгенче үйдө ыйлап отура берди, кардынын ачканын дагы сезбеди. Күндө мектептен келээри менен жүгүрүп киного жетип келчү кызы келбегендиктен Салима ойлонуп отурду. Ошол кезде индиянын фильмдери керээлден кечке болоор эле. Эки серияны 20 тыйын, билет сатылат, он тыйынга бир сериясын көрүп кээси чыгып кетсе кээси чыкпай толук көрүп отуруп алат, алар менен урушуп, же кайра он тыйын алып коет Салима. Кечинде үйүнө келсе көмкөрөсүнөн түшүп Нургүл уктап жатыптыр, ал ыйлап жатып уктап калган эле. Ошол бойдон Нургүл Төлөбайды көрбөдү, онунчу классты бүткөн жылы аны бир жигит ала качып алды, айла жок таш түшкөн жеринде оор болуп жашап калды. Төлөбай андан кабарсыз эле, бирок бир топ жыл өткөндөн кийин дал ошол кичинекей кара тоголок кыздын сүйүү саптары анын көңүл чордонун ээлеп аларын ал сезген эмес эле...

Нургүлдүн агасы Калыбек бала-бакыралуу, балдарынын алды бой тартып калган, агасы Каныбек уул үйлөнтүп кыз берип калган. Бегет менен Салима бактылуу карылыктын үзүрүн көрүп кичүүсү Калыбектин колунда, неберелерин карап сыйдын үстүндө, Союз ыдырыганда балдары соодага баш оту менен киришип бутуна туруп салышкан. Бир кезде жетип-жетпей жашашса эркиндик заманы кучак жайганы эбин тапкандарга жакшы эле болбодубу. Эбин билбегени олчойгон акчасынан куру жалак калып сызга отуруп калса эптүүсү жоктон бар кылып бат эле ирденип калышты. Эми ошол заманга кайгырганы да, өкүнгөнү да бар дечи, бирок эркиндик дегендин ар кандай түшүнүгүн ийне жибине чейин түшүнүп ар кандай жол менен байыгандары толтура. Калыбек менен Каныбек экөө айылга спирт сатып жүрүп эле бутка турушту. Суу куюп сатып, бөтөлкөгө куюп арак кыла коюп эбин табышкан. Нургүл бул жашоодо сүйүү бар экенин өзү дадилдегиси келет, ар бир сабы, ар бир сөзү сүйүүнүн, махабаттын илебине ширелген, кээде гезит бетине чыгармалары жарык көрүп калат. Дастандагы, жомоктогу сүйүү жомок деп билчү бала чагында, ошондуктан өз башынан өткөн эч нерседен кайра тарткыс, жүрөктүн бир бурчунда өчпөс болуп атын жазып алган жан өз сүйүүсүн ар бир тамгасынан ошол адамына жеткиргиси келет. Күйөөсү ак көңүл, жамандыгы жок жигит, бала-чакалуу болушту, бирок экөөнө тең бир нерсе жетишпегендей эле, өтө ысык болуп кете алышпады, жаман дагы эмес, эл катары өмүр сүрүп келишет. Ашым аялынын балалык сүйүүсүн кайдан билсин, кээде тамашалашып калат, айрыкча союз тарап мал бөлүнүп совхоздор жоюлганда үйүндө болуп калды. Нургүл балдары чоңойгон сайын негедир ойлуу тартып бара жатканын өзү деле сезбейт: "Мен картайдым, бирок сага деген сезимим ошол эле бойдон, мен бактылуумун, анткени сүйүү деген улуу сезимди жаш жүрөгүм менен сезип, улгайган адамдын жашоосунан көрдүм. Сени унутууга кудуретим жетпеди, качан гана муштумдай болгон кызыл эт болк эткен согуусун токтоткондо баары токтошу мүмкүн, ооба сен алыстасың, кайда экениң белгисиз, элдин ичинен, кызматкерлердин тизиминен сени издей берем, бирок көрө албадым, балким бир жерде бакыйган чиновниктирсиң, же мугалим же врачсыңбы, биле албайм. Анткени сен жакшы окучусуң, жөнөкөй адам болмок эмессиң. Мейли ким болбо аман бол, сени чын жүрөктөн сүйгөн, өмүр бою унута албай жүргөн бирөөнүн бар экенин сезсең эле болду", - деп ойлонуп отурганда Ашым:

- Эй сага эмне болгон? - деди ошол кезде.

- Эмне? - Элээ күйөөсүн карады.

- Баятан бери тим койсо отурасың телмирип.

- Отурса болбойбу? - Нургүл өйдө болду, - Балдар бой жетип келе жатат...

- Кам санаба, эл катары эле багабыз байбиче.

- Соода кыла албайбыз го?

- Эмнеге?

- Билбейм, малдын башын өстүрсөң жакшы, өстүрө албасаң бүттү да.

- Өстүрөбүз, мен деле ойлонуп жатам, - Ашым кайпактай калды, - Ушул сенде бир ой бар, ушунча жыл жашасак дагы бир чечилбедиң.

- Тобо, эмне кылышым керек эле? - Нургүл күлө карады.

- Сен бирөөнү ойлойсуң, мага деле көңүл бурган жоксуң, - Ашым чечиле сүйлөдү, - Мен жумуштан келемби, келбей каламбы сага баары бир болчу, жок дегенде бир жолу кайда жүрдүң, эмнеге келбей калдың деп сураган күнүң болдубу?

- Сен жумушта жүрсөң сурап эмне кылам?

- Султандын аялы бир күн келбей калса жанын койбой матерскойго чейин барат, а сенин ишиң дагы жок, - Ашым көкүрөгүндөгүсүн чыгара айтып алды.

- Мен дагы барышым керек беле?

- Менден эле сурап койбойт белең?

- Эми жанымда турасың го? - Нургүл күлүп калды.

- Алда сурабаганың үчүн жиним келчү да.

- Болду эми, кайдагыны сүйлөбөй, - Нургүл чыгып кетти, Ашым өзүнчө жини келип отуруп калды, ошондон кийин ал жумуш жок болсо дагы кайдадыр кетчү болду, мында деле Нургүл анын кайда барып, эмне кылганына кызыкпады, анткени анын өмүрүн биротоло ээлеп алган жан бар эле, балдарынын түйшүгүн тартып зээни кейиген учурда гана алаксыбаса таң атканда аны ойгонушун күткөндөй кылт этип эсине түшөт, негедир бала кезиндегидей сезим уялап аны терезеден жылмая карап тургандай кызыкпай боло түшөт. Ошол кезде дагы дал ушундай сезим ээлеп алып жолдо басып бара жатса, же китеп окуп жатса же сабак даярдап отурганда аны ал карап тургандай боло берээр эле. Акыры бул түгөнгүр турмуш дегениң ылгап отуруп ал ажырашып тынды...

Калыбектин улуу баласынан кийинкиси кыз, Жыпар ойсоңдогон кыз, өзү дагы кара көз сулуу кыз болуп бара жаткан, али он бешке жаңы чыкса дагы далай жигиттердин көз жоосун алып, өзү дагы ойсоңдоп аларга жол ачып берген шойкомдуу кыз эле. Калыбек менен Айсулуу балдарынын келечегине кам көрүп, кыйналбай кысталбай жашасын деп күнү-түнү соода менен алек болуп балдарынын окуусуна дагы анча көңүл бөлө алышпайт. Алар каалаганын алып берип, ичем дегенин ичип, жейм дегенин жеп бакыбат турмушта өссүн деген тилек менен жаңы замандын шарапаты агымы менен агып бара жаткан адамдар эле. Жыпар өзүнөн улуу Азамат деген бала менен сүйлөшчү, ал күндө кечинде келет, анын келээрин саксактап улам короо тарапты карап турат кыз. Дагы бир күнү ал шып этип эле сыртка чыга калса артынан кучактап калды:

- Аа-ай! - дегенде оозун Азамат басып калды.

- Чү-үш, менмин.

- Жинди! - Жыпар чукчуңдай карады, - Атамдар үйдө.

- Мейли, мен көрүнбөйм да.

- Эмнеге келдиң, бүгүн келбе дебедим беле?

- Сени көргүм келди.

- Азама-ат, мени өлтүрөт, чоң апамдар дагы билсечи мууздабай соет, - деп кыз сөөмөйү менен кекиртегин сыдырып койду.

- Сени өлтүртпөйм, - Азамат кызды имере кучактап өпмөк болду.

- Азамат, жинди болбочу, мунуң эмне? - Жыпар аны түртүп ийди.

- Эмне болмок эле Жыпаш?

- Мен сен ойлогон кыз эмесмин.

- Сени мен жаман ойлогонум жок, - Азамат ыңгайсыздана карады, - Мен сени чын жүрөгүм менен сүйөм Жыпаш.

- Сүйгөн киши мындай кылбайт, азыр жогол, экинчи келбе, көрүнбөй кет! - деп үйүнө кирип кетти Жыпар, ал мындайды чынында күткөн эмес.

- Жыпар! - деген Азамат умтула берип токтоп калды, анан эсине келип үйдү айлана жүгүрүп короодон чыга калды, анын короодон чыгып бара жатканын көргөн коңшусу узун ушак кылаарын ал кайдан билсин. Эртеси эле Кашымкан ар кимге айта баштады:

- Ай, - деди ал дагы бир өзүнө окшогон бекерпоз курдашына, - Тигил Болсунбектин баласы Калыбектин кызы менен соо эмес ай.

- Азаматпы?

- Ооба, кечээ күүгүмдө анын короосунан чыкты.

- Койчу ай, Жыпар тогузда окуйт, жаш да.

- Азыркылар жашында эле алчы-таасын жеп коет.

- Менден башка бирөө мунуңду укпасын, Болсунбек баласын андайга барсабы өлтүрүп эле коет, - деди Тинатин.

- Мен эмне көргөнүмдү айттым.

- Калыбек менен Айсулуу деле угуп калса жөн турбайт ай, - Тинатин ага эңиле шыбырады, - Мен деле экөөнү байкагам.

- Ошо да, тим эле жашабагырдын жигитчилин кантесиң ай, өткөндө мектептен узатып келе жатканын дагы көрүп калганмын.

- Андайын далай эле көрдүм дечи, эми короосуна эмнеге кирди экен ыя?

- Ким билет, арадай, дарадай болгон кемпир-чал бар, уялбай эле киргенине таңгаласың ай, - Кашымкан бетин чое кармап, - Бетим ии-ий бетим, - деди шыпшына.

- Эмне болсо ошо болсун, өзүнө болсун ай, сынтаккандын сыңар өтүгү майрык болуп калбайлы, экөөбүздө дагы уул-кыз бар эмеспи, - Тинатин жакасын кармады.

- Кудай сактасын, түү-түү! - Кашымкан жерге түкүрдү.

- Ии-йи, кимдин кулагын ысытып жатасыңар? - деди Калыбектин бет маңдайкы коңшусу Бек, - Экөөң бириккенде бирөөлөр кулагын ушалачу эле, - Кытмыр күлдү.

- Ишиң болбосун, жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдачу беле? - деди Кашымкан.

- Аялдардын ушагын аңдыбай жолуң менен кете бер да, - Тинатин дагы жактырбай кага сүйлөдү.

- Мен ушул экөөңөргө кызыгам, - Ырсаңдай күлдү Бек.

- Бизге кызыкканда эрибизди кайда алып барасың? - Кашымкан кылыктана карады.

- Эбин өзүңөр табасыңар да.

- Ырыскүл сени жылаңач кууп чыккыдай кылбасак элеби? - Тинатин каткырып курбусуна көзүн кысты.

- Кой-кой, Ырыскүл билгенде болбойт, - деп Бек ары карай басып кетти.

- Аа-ай байкуш десе, көчүгүң кууш болгондон кийин сүйлөп эмне кыласың?

- Мындай эркектин колунан эмне келмек эле? - дешип эки келин шыңкылдай күлүп өз жолуна түшүштү. Жыпар үйгө киргенде Салима:

- Күүгүмдө эмне кылып жүрөсүң ай кыз? - деди ачуулана.

- Эшикке чыктым.

- Ушу сен шойкумдуу кыз болдуң, - деди Салима кейий, - Калыбек менен Айсулуу силерди эчтекеден кемибесин деп оокат кылып жүрүшөт, акыл-эсиң менен бол кызым.

- Чоң эне-е, мен сыртка чыксам эле ушинте бересиз да, - Жыпар эркелей кучактап өөп алды, - Менин алтын чоң эне-ем.

- Садагаң болоюн, сени жаман болсун дебейм да.

- А мен жаман болбойм, - Күлүп кашын серпип койду Жыпар.

- Ошент каралдым, ата-энеңди уятка калтырба.

- Эч качан.

- Секелегим десе, сен дагы бой жетип баратат белемсиң, - деп күлүмсүрөй карап койду Салима, - Бактылуу эле болсоң болду.

- Чоң эне! - деп Каныбектин Жыпардан бир жаш улуу кызы Азиза кирип келип кучактап өөп калды, - Кандайсыз?

- Отурам кызым, атаңдар жатышабы?

- Ооба, чоң атам кана?

- Ал малды карап жүрөт кызым.

- Аа-а, - деп койду Азиза анткени ушул балдарынын ичинен Азиза чоң атасын аябай жакшы көрөт, качан болсо дагы келээри менен үйдө жок болсо сурап кирет.

- Жөн эле, жатып кетем.

- Ийи, жатсаң жат, Жыпар экөөңөр тамак жасагыла.

- Макул, - деп алар ашканага ээрчише киришти, - Эй, сен эмне кылып жүрөсүң? - Жыпарга карады.

- Эмне кылыптырмын?

- Сени кыздардын баары эле Азамат менен жүрөт экен деп жүрөт.

- Ким, качан?

- Сени кеп кылса мен уялам, ойло сен экөөбүз бир тууганбыз.

- Билем.

- Билсең жөн жүр, шылтоо таап сени урушканы келдим.

- Азамат өзү эле...

- Эмне сүйөм дейби?

- Ооба.

- Ошол куруп кетсин!

- Менде күнөө жок.

- Мындан ары андан алыс жүр! - Азиза ага улуулук кылып өктөм айтты.

- Макул.

- Негизи Азамат абдан тартипсиз бала.

- Жакшы эле го?

- Эмне сен дагы сүйүп калдыңбы?

- Жо-ок.

- Анда ага жакындаба.

- Болду дедим го-о.

- Болуптур сиңдим, иши кылса айттым, кийин өкүнүп калбагыдай бол, - деп Азиза өзү тамак жасап чоң ата, чоң энесине алып келди.

- Кагылайындар, силер дагы бой жеттиңер, - Салима небере кыздарына мээрим төгө карады, - Ата-энеңерди уятка калтырбагыла.

- Жок чоң эне, уятка калтырбайбыз, - Азиза жаркылдай күлдү.

- Чоң энем ушинте берет, - Жыпар ага карай.

- Ошентип акыл айтпаса кыздар өз билгенин кылбайбы, - деди Акылбек.

- Туура, - деди Азиза, - Улуунун сөзүн угуу керек Жыпар.

- Угуп жатам го? - Тултуя жер карады.

- Соодаң кандай балам, атаңдар келгиче жакшы эле болчудайбы? - Бегет Акылбекти карады, - Эртең кечке атаңдар келгенче жакшылап иште.

- Ооба, иштеп жатпайынбы.

- Ошенткиле балам, атаңдар тырышчаактыгынан минтип отурат, чоң атаңды тартсаңар жалкоо болуп каласыңар, - деп Салима күлдү.

- Айта берет, чоң энеңер эле кыйын бекен? - Бегет чычалай күлгөн болду.

- Мейли, кудайга шүгүр чал, балдар аман болсун, - Салима өзүнчө ойлуу отуруп калды, Калыбектер эртеси кечинде камаз менен жүк алып келишти, айылдын камерстанттанынан төртөө дайыма бир камазды жалдатат, Калыбектер жүгүн жүктөп коюп өздөрү өз унаасы менен келишчү. Товарларын түшүрүп эле жатып калышты, эки-үч күн ар жерден керектүү товарларды чогултуп камазга жүктөп жүгүрүп жүрүп чарчашат. Айсулуунун төркүндөрү дагы колуңда жок-жарды турушат, бечара күйөөсүнө көрсөтүп көрсөтпөй аларга дагы берип турат, кубанганы алардын жакын турганы эле, бир эле айылдан, илгертеден Бегет менен Жоробек бири-бирин таанымак турсун далай жолу стакан кагыштырып жүрүшкөн, балдары табышып калып эми куда болуп сыйлашып калышты. Жоробектин үч уулу тең жөн болуп калышты, бири түрмөдөн-түрмөгө түшүп жүргөн кези, экинчи уулу Атабек үйлөнүп бир балалуу, аялы экөө өзүнчө турушат, эптеп-септеп оокатын өткөрүүдө, эң кичүүсү Кутубек колунда, ал эчтеке менен иши жок, достору менен ичип алып, ата-энесинин пенсиясын аңдып, кайра карыз болуп эле жүрөт, Айсулуудан кичүүсү Күнчүрөк жакшы жерге барган, алыска түшкөндүктөн жылына бир келсе келет, келбесе жок, үч-төрт балалуу болуп калган. Айсулуу жакын болгондуктан ата-энесине кайрылышып турат, бүгүн дагы шаардан ала келген базарлыгы менен биртике акчасын катып келген, Кутубек төрдө жаткан.

- Тигил эмнеге жатат? - деди Айсулуу ата-энеси менен учурашкан соң.

- Башы ооруп жаткандыр, кечээ мас келди, - деди Кумаш кейий.

- Башы жок десе, - Айсулуу жини келе барып төшөгүн сыйрып алды, - Тур Кутубек!

- Эже-е, эмне болду? - Көзүн ачпай ары карады:

- Сен качан киши болосуң ыя, адамча жашайсыңбы деги, мына бул ата-энеңди качан бир адамча багасың ыя?

- Болдучу!

- Болбойм, адам болбосоң каалаган жагыңа кет, атамдарды өзүм багам!

- Өзүм эле багам, - Буруюп күңкүлдөдү.

- Ушинтиппи. Күндө ичип келип, аракка акча алып ээ?

- Качан сурадым? - Кутубек ата-энесине орой карады.

- Акмак! - Айсулуу инисин жаакка чаап жиберди.

- Эмне чабасың?

- Ур анда мени, кана урасыңбы? - Айсулуу жаалдана дагы чаты, - Силердин айыңардан күйөөмдөн, үйдөгүлөрдөн өйдө карай албайм, - Айсулуу ыйлап кирди, - Тигиниңер болсо түрмөдөн чыга турган түрү жок, Атабек өзүн-өзү зорго багат, жок дегенде өзүңдү-өзүң баксаң боло! - деп урушуп, тилдеп анан кетти.

- Кызыңар кыйын болбосунчу! - деди Кутубек ал кетээри менен.

- Жок дегенде бирөөнү уксаң боло, бизди куураттың го? - деди Кумаш кейий.

- Укпайм, силер элдей болуп балаңар үчүн бирдеке жасап койбойт белеңер! - деди да туруп кийине баштады, - Жашыңарда эмне кылып жүрдүңөр өзү?

- Силерди бактык, - деди Жоробек, - Ата-аңдын ооз-зугурайын десе айтканын кара.

- Элдин баары эле баласын багып да алар үчүн кам көрүп да жүргөн да.

- Бар жоголчу! - деди Жоробек, жок дегенде тынчыраак отурайын деп ойлоду окшобойбу, ооба чын эле жаш кезинде эмне кылды, Кумаш го балдар менен алек болду, алардын кардын тойгузуп, кирин жууп кирпигин тарады, өзү эмне кылды. Үңүрөйүп отуруп өзүнө ушул суроону берди, бирок жооп таба албады, бир кезде баласынан мындайды күттү беле, жок кайдан дейсиң, кээде бир жерге кароолчу болуп иштеген айлыгын алып дүкөнгө төгүп коюп отуруп калчу эмес беле? Ошондо дагы Кумаш төркүнүнөн алып келип жүрүп бакпадыбы, ошол кезде анын ата-энеси бар эле да. Кийин алардын көзү өтүп кеткенден кийин кыйын кыйналышты да. Ушуларды ойлонгон Жоробек үнсүз отуруп калды, Кутубек эбак чыгып кеткен, Кумаш бир чекитти караган бойдон жер карап үнсүз.

- Эми дагы ичип келет го? - деди көптөн кийин.

- Атасынын ооз-зугурайын ошонун.

- Койчу Жоробек, балдар туура айтат.

- Эмне кыл дейсиң?

- Билбей калдым мен деле, үйлөнтүш керек, ошондо бир калбаса.

- Үйрөнгөн адат калабы деген, ичмектен ичсин, өзүн түгөтүп бүтөт да.

- Өзүнө-өзү күйбөсө жок болот да.

- Сени тартты! - деди бир кезде Кумаш.

- Эмне? - Жоробек аялын ормое карады.

- Ушундай эмес белең, өмүр бою эле ичип жүрүп балдар эмне ичип, эмне кийип жатканы менен ишиң жок эле го, эми муну дагы үйлөнтүшүбүз керек, жок дегенде балалуу болсо оокат тиричиликке алаксып калаар, аялы дурус чыкса жашап кетет да, - деп Кумаш каймана оюн айтты.

- Кайсы кыз тиер экен?

- Тийбей эмне, тиет эле.

- Эмесе Айсулууга сүйлөш.

- Бирдеме болсо эле Айсулуу дегенден уялсаң боло, агаң менен иниңе барып сүйлөшүп кел, - Кумаш күйөөсүнө акшыя карады.

- Барса барам эле.

- Бар, сүйлөшүп кел, мен Атабек менен Назгүлдү чакырайын, үйдү актап сырдашсын, - Кумаш ордунан турду, - Тур сен акемдерге бар, - деп сыртка жөнөдү, Жоробек ыңгырана турду, ал кечээ эле сөгүнүп тилдеген агасына баргандан зааркана туруп жөнөдү.

Жоробек шылкыя Жолдубектин үйүнө барды, жеңеси Тоту аны көрүп мурчуя карап кирип кетти, аны байкаган Жоробек аргасыз үйгө баш бакты:

- Акем барбы жеңе?

- Кир, акең кайда бармак эле, үйдө, - Кыйгачтай карады.

- Кел, эмне болду? - Жолдубек инисин карады.

- Келдим да, - Комсуна отуруп калды.

- Эмне иш, келчү эмес элең, жолдон көрсөң да бурулуп кетчү элең? - деди Жолдубек инисине кайрыла, анткени ичип алган болсо агасы менен инисин көргөндө качып кетчү, а чынында кандай болсо дагы ийменгени ыймандын бары эмеспи.

- Аке, Кутуну билесиң го? - деди Жоробек кайсактай.

- Ийи, эмне болду ага?

- Эчтеке, ал ичип алып жатпайбы.

- Эмне кылайын дейсиң?

- Үйлөнтсөкпү дедик эле, минтип жүрө берсе жок болот го?

- Мунуң акыл, үйлөнтүшүң керек.

- Ошону Жолчубек экөөңөр жардам бербесеңер...

- Мейли, өзүңөр даярдангыла, биз карап турбайбыз го.

- Ошол эле аке, ошону эле айтайын дегем, - Жоробек туруп кетмек болду.

- Отур, чай-пай ичип анан кетесиң, - деди Жолдубек өктөм.

- Үйлөнткөндө кичине колуңарда бирдеме болуш керек да капырай, - деп Тоту жактырбаганшай карады кайнисин.

- Колунда жок болсо эл журт бар, биз турабыз, - Аялын ачуулу карады, - Алып кел тамагың бышса!

- Бышат эми, алып келбегенде эмне кылат элем?

- Сен үйүңө бар, тамактанып ал дагы, мен Жолчубек менен сүйлөшөм дагы барабыз, ошол жерден кеңешебиз макулбу?

- Тамак ичтим, нан эле ооз тием, - деп Жоробек дасторкондон нан ооз тийип кетмек болгондо Жолдубай кетирбей койду, чукчуңдап тебиреңдеген Тоту тамагын алып келди, жашы алтымыштан ашып жетимишке караса дагы жеңил, чукчуңдаган, колундагыны бирөөгө бөлүшкүсү келбеген ичи таар аял. Жолдубектин гана калбааттыгынан эле жүрөт ал.

- Сен жөн жүр, бир тууган меники, экөөбүз эми сенин тууганың, менин тууганым деген курактан өткөнбүз, Жоробек келин алса Жолчубек экөөбүз жардам бербегенде ким берет ыя, балдарыңдын арты менен эле жашап жүргөнүңдү бил, ушу балдар болбосо сени эбак эле жоготмокмун, катын карыбайбы, каны коюлбайбы деп токтолбодуң го? - деп Жолдубек ачууланып кирди.

- Эмне кылып жатам? - Тоту кулжуңдап койду.

- Жоробек менен Жолчубек келгенде култуңдабай жүр!

- Ой айтсаң бала, силерге бирдеме деп жатамбы? - Тоту Жоробекке актана карады.

- Жок, жок жеңе.

- Мейли, сен дагы адам болбой жүрүп карыдың, балдарга бир насаат айта турган болуп жашасаңар боло, ансыз дагы өмүрүң күн тийбеген тескейге өттү, жашооңду оңдой албадың, эми балдар сенден жашыңда эмне кылып жүрдүң деп сурап жатабы? - деди инисине бурула.

- Ооба, өмүрүм ошентип өтүп кетти.

- Мына, ошондой болот, адам ар бир баскан жолу үчүн жооп берет.

- Эми эмне кылмак элем, өттү да...

- Барып эки жагыңарды тазалай бергиле.

- Макул, - Жоробек алтымышка чукулдап калса да агасынан тартына өйдө болду, - Мен барайын анда.

- Бар, Кумашка айт, даярдана бергиле деди деп.

- Ооба, айтайын аке, - Жоробек чыгып кетти.

- Өмүр бою ичип жүрдү, анан балдарын сага милдет кылабы? - Тоту күйөөсүнө карай үтүрөңдөдү, - Деги ошолор үчүн жаралдың беле?

- Болду! - Жолдубек аялын ачуулу карады, - Мен карабаганда ким карайт ыя?

- Бер, баарын бер колуңдан келсе, сен үчүн жашап жатабы?

- Ооба, мен алар үчүн жашайм, экинчи дагы бирдеке десең карыганда төркүнүңө жеткирип коем! - деп Жолдубек чыгып кетти, ал эми Жолчубектикине карай жөнөдү, алар дурус эле турушат, оокатка тың, короо сарайларын салып мал күтүп эл катары оокаты бар, аялы дагы колунан көөрү төгүлгөн аял, эскини эптеп, жаңыны жармаштырып үйүнүн ичин кооздоп саймалап алат. Балдары дагы тартиптүү, эки келини бар, эң кичүүсү кыз. Үч баласын тарбиялап өстүрүп бакыйган үй-бүлөө. Жолдубек инисин ээрчитип алып Жоробектикин көздөй жөнөштү. Кумаш уул-келинин алып келип үйдү актамакка каманып жаткан. Алар сырттагы сөрүүгө отуруп сүйлөшүп жатканда эки бала менен Кутубек келип калды, ал тигилерди көрүп тайсалдай:

- Ассалоому Алейкум! - деп учурашты.

- Кел баатыр, эмне кылып жүрөсүң?

- Бир иш чыгып жатат, иштейин дегенмин.

- Эмне иш? - деди Кумаш.

- Дубал урабыз.

- Отур! - деди Жолдубек, - Кеңешчү сөз бар.

- Менсиз кеңеше бергиле да, мен эмне кылмак элем?

- Сенин тагдырыңды чечебиз, - деди Жолчубек.

- Эмне? - Кутубек делдээ ар кимисин карады, ал оюнда ата-энеси буларга ичип жатканын арыздангандай туйду, - Менинби?

- Ооба, сени үйлөнтөлү деп жатабыз.

- Ой коюңуздарчы, кантип үйлөнтмөк эле?

- Кеп-сөз угасыңбы деги? - Жолдубек өктөм айтканда Кутубек отура калды, - Сүйлөшкөн кызың барбы?

- Жо-ок? - Дулдуя жер карады.

- Ушул убакка чейин бир кыз менен сүйлөшкөн эмессиңби?

- Жо-ок, - Кутубек ата-энесин карады, - Кайсыныңарга үйлөнтөсүңөр деги?

- Эй сенден сурап жатканда жооп бер да, - деди Жолчубек өктөм.

- Бар, бирок кантип үйлөнөм?

- Биз турбайбызбы? - деди Жолдубек катуу айтканда башын жерге салып унчукпай калды, - Сен болгону кызыңды айт бизге.

- Субандын кызы...

- Сага тийгенге макулбу? - деди Жолчубек.

- Ооба.

- Анда тактап сүйлөш, ушул айдын акырында киргизебиз.

- Атасы макул болобу? - деп Кутубек башын кашылай ырсайды.

- Сен адамча жүрсөң эмнеге макул болбойт, мен сүйлөшөм, кыз макул болсо эле болду, - деп Жолдубек сөздү бүтүрдү, Айсулууга Кумаш өзү барды, ал аны угуп кубанып апасына катып акча берди, керектүүсүнө өзү жардам берээрин айтып жөнөттү да өзү Калыбек менен сүйлөшмөк болуп ага кирди:

- Калыбек, Кутуну үйлөнткөнү жатыптыр.

- Үйлөнсүн, биз карап турмак белек?

- Мен бир-эки күн үйлөрүнө каралашайын.

- Жыпарды эле жөнөт, жаш эмеспи, иш кылганга.

- Ал жасалгалаганды билбейт, өзүм ырастайын.

- Мейли.

- Сен соодаңды жасай бер ээ?

- Жасабаганда бир жакка бармак белем?

- Деги да, - Айсулуу күлүп койду, - Бирөөгө кетип калабы дейм.

- Койчу кайдагыны айтпай, - Калыбек күңк этип койду.

- Мейли эмесе, апамдарга сен айтып коесуң да, - деди да чыга жөнөдү, Калыбек өз иши менен алек болуп жатканда Айтолкун деген бой келип кирип калды:

- Кандайсыз?

- Жакшы кел.

- Мага бир аз карыз бересизби?

- Мейли, сиздей сулууга бербей кантип коеюн.

- Май, күрүч менен эт, сабиз анан бир бөтөлкө.

- Оо конок тозосуз го? - Калыбек жылмаңдай тартып берип колуна берди.

- Рахмат, көп созбой эле берем, жазып коюңуз, - деди Айтолкун кылгыра карап.

- Эми жазбай эле көңүлгө түйүп коем, - Калыбек жылмая карап койду.

- Рахмат, жакшы калыңыз.

- Жакшы барыңыз, - Калыбек келин чыгып кеткенче узата карап: "Сулуу келин, ким келди экен буга, мындай келиндер соо жүрмөк беле, бирөөсү бар да", - деп тымызын кызганып турганда кардар кирип алаксып кетти, Жыпарды келип соода кылып тур деп коюп кайнатасыныкын көздөй жөнөп бара жатып жол боюндагы Айтолкундун үйүн кылчактай карап өттү. Айсулуу үйүнө барып апасына каралашып шейшептерин жууп, төшөктөрүн капташып жаткан.

- Мен дагы жардам берейинби? - деди Калыбек кирип келип.

- Соода жасай бербей эмнеге келдиң? - деди Айсулуу күйөөсүнө.

- Жардам берейин деп келдим.

- Сенден башкасы деле жетишет, - Айсулуу күлүп калды.

- Жездем жардам бербей эле түшкүгө бир нерсе жасаса болду, - Назгүл тамашалай күлүп калды, - Туурабы жезде, кир жууганда киндиктешим болсочу деген экен илгери бирөө.

- Болду-болду келиним, Айсулуу айтып койсо болмок да.

- Койсоңчу, - деп Кумаш келинин тыйды, - Уялсаң боло ботом, доолашчу кишини тапкан экенсиң.

- Мейли апа, доолашаар жездеси мен болсом айтат да, - Калыбек күлүп чыгып кетип дүкөнүнө келип бир бөтөлкө арак, койдун бир санын, алып барды, Назгүл тамак асып өздөрүнчө куурдак кыла коюп бир бөтөлкөнү бөлө тартышты, келин тойдун алды деп Кумашка дагы ичирип коюшту. Ошентип кечинде Айсулуу экөө үйүнө келишти, Жыпар соода жасап жаткан, ал Азаматты урушуп кетирмек болуп жаткан, ата-энесин көрүп өзү эле билгизбей чыгып кетти, Айсулуу мурда дагы бир байкап калган, Калыбек ары кеткенде:

- Бул эмне жүрөт бул жерде? - деди жини келип.

- Жөн эле, бир нерсе карады окшойт.

- Жаныңды жеп калп айтчу болгонсуңбу эмитен?

- Эмне кылдым?

- Кокус жаман атты кыла турган болсоң өзүм өлтүрөм сени!

- Сиздин колуңузду тийгизбей өзүм эле өлүп калайын, менден тажап калсаңыз! - Жыпар тултуңдай чыгып бара жатканда Калыбек кирди.

- Буга эмне болду?

- Сен соода кылып турчу, - деп Айсулуу кызынын артынан чыкты, ал туура эле мал сарайга кирип бара жаткан эле, артынан жүгүрүп жетип кармады, - Жинди болдуңбу ыя, бас үйгө сүйлөшөбүз.

- Кое бериңиз, өз энем ишенбесе жашабай эле койдум, - Жыпар булкулдап ыйлап ээ бербей жулкунуп жатты.

- Эй кыз, сени жакшы болсун деп эле айттым, - Айсулуу кызын кучактап калды, - Сени кеп болуп кетпесин дейм, атаң сенин шойкомуңду билсе экөөбүздү тең өлтүрөт.

- Эмне кылдым?

- Жанагы бала экинчи бул айланага келбесин, мен байкап жүрөм аны, - Айсулуу кызын соорото кучактап бери басты, ал солуктап алган, эне-бала бири-бирин түшүнө карап ээрчише үйгө киришти, Салима аларды элээ карады.

- Силерге эмне болду?

- Уруштук, кайра табыштык, - Айсулуу күлүп койду.

- Кызга кырк үйдөн тыюу дейт.

- Ооба, эми чоңойду апа, үйдөн чыгарбаңыз.

- Капырай, буту колу бар баланы кантип кармайм? - деп күлдү Салима.

- Апа-а, мен такыр эле ишеничтен кетип калдымбы? - деди Жыпар тултуңдай карап.

- Бул жөн гана тарбия кызым, кыздардын баарын эле ата-энеси тилдейт, урушуп акыл насаат айтат, - Айсулуу кызын өөп эркелетти, - Сен биздин жалгыз кызыбызсың да, агаларың дагы жаманатты болбосун, атаң андан бетер намыстанат кызым, эркектерге баары бир, алар алдап басып кетет, сүйөм-күйөм десе эле ишене бербе садагам.

- Болуптур апа.

- Ошент кызым, эми тамак жасай гой кызым, мен атаңа жардам берейин, - Айсулуу үйдөн чыгып кетти, Жыпар ойлонуп калды, бирок ал өзү дагы Азаматты жакшы көрүп калган: "Азамат мени алдап кетмек беле, кантип эле ошентсин, апамдар эмнеге аны жактырбайт, азыр менин деле жашым жете элек го, эмитен мен күйөөгө тиймек белем", - деп ойлонуп тамакка киришти. Үй-бүлөөдө улуусун кичүүсү укпаса, бирин-бири сыйлабаса ынтымак болбосо кантип жашоо болмок, Жыпар апасына катуу айтып өлөм дегенине уялып калды. Ал эми үй-бүлөөсүнүн намысын коргогусу келди, агаларын уят кылгысы келбеди, ошентип тогузду бүттү, Айсулуу кызынын жигиттер менен эмитен сүйлөшкөнүнө кыжаалат болуп сары санаага батып жүргөндө Болсунбек аялы Айнаш, иниси Ашымбек аялы болуп келип калышты, аларды көргөн Калыбек менен Айсулуу таңгала карап калышты, адегенде аларды товар алганы келген экен деп ойлошту:

- Келиңиздер, - деди Айсулуу сыпайы.

- Келдик, жакшы жатасыңарбы? - деген Айнаш күйөөсүн карады.

- Биз силер менен сүйлөшкөнү келдик эле Калыбек, Бегет үйдөбү? - деп Болсунбек Калыбекке кайрылды.

- Жөн жай элеби?

- Жай, үйдөн сүйлөшөлү.

- Айта бериңиз, - деди Айсулуу үйгө киргизгиси келбей.

- Кыргызда элчи менен жуучуга өлүм жок деген сөз бар, ата салтын аркалап биз силерге жай сүйлөшкөнү келген элек, - Айнаш олуттуу карады.

- Кой үйгө кириңиздер, - деп Калыбек уялып кетти.

- Кириңиздер, - Айсулуу оозу бош айтты, аңгыча Калыбек аларды ээрчитип үйгө баштады, Салима менен Бегет, өздөрү эле отурган, Каныбектин кичүү баласы ойноп жүргөн эле.

- Ассалоому Алейкум! - деп Болсунбек Бегет менен учурашты.

- Аллеки салам, кел-кел Боке, кайдан бу?

- Келип калдык бай, келип калдык.

- Келбей анан, келгениңер жакшы, төргө өткүлө, - деп Бегет аларды төргө өткөрдү, Айсулуу чынында сүйбөдү, сезди алардын эмнеге келгенин, дүкөнгө кала берди эле аны чакыртып алды, Алтынбек соода кылганы кетти.

- Эмесе биздин келгенибиздин жайы мындай, - деп сөз баштады Болсунбек, баары анын оозун карап отуруп калышты, - Өзүңөр билесиңер бизде эң кенжебиз бар, силердин кызыңарды жактырып калыптыр...

- Биздин кыз али жаш да, - деди Айсулуу озуна.

- Ооба билебиз карындашым, ошентсе дагы бала болбой кызга куда түшүп койгула деп болбой койду, апасы экөөбүздүн жаныбызды койбой барып келгиле дегенинен келдик, бала деген ушул экен да, айла канча? - деди Болсунбек аларга кыдырата карап.

- Болбойт, дагы эки жыл окушу керек, эмитен башын байлаганда болбойт, - деп Айсулуу тыбыраңдады, - Ушул кантип болсун, жаш кызга куда түшкөн кантип болсун?

- Балам, - деди Бегет, - Курсактагы балдарды деле бел куда болуп коет, ошентсе дагы бул заманда эски сатты кайра жандандырып кыргызча куда түшүп жаткандан кабардармын, - дегенде баары үн катпай дагы аны карап калышты, - Бирок биздин кыз азыр окуусун бүтө элек, кийин ойлонушуп көрөөрбүз, балдар азыр жаш да.

- Атам туура айтат, - деди Калыбек, - Биз салтты танбайбыз, убагы келгенде көрөөрбүз Болсунбек аке.

- Кой Калыбек, уулубуз үйдө бизден жакшы кабар күтүп жатат.

- Кыздын жаш экени ырас, бирок азыркы жаштар сүйлөшүп алса кантебиз? - деди Айнаш, - Кызыңарды өз кызыбыздай көрүп барктап алабыз, уулубуз менен бактылуу болсо эле болду айланайын, - Бегетке кайрылды, - Жана сиз айтып кеттиңиз, курсакта экенинде кудалап койчу деп, аны биз деле ата-бабабыздан угуп жүрбөйбүзбү, келгиле балдарды кудалап коелу, анан мектепти бүткөндө салты менен киргизип алалы.

- Болбойт, биздин жалгыз кызыбыздын мектепте басынып жүрүшүн каалабайм!

- Мейли балам, - деди Салима сөзгө аралашып, - Адамдын жоосу адам деген, тоодой таштай адамдар минтип келип калгандан кийин шагын сындырганыбыз болбойт, силер улууну сыйлаган болсоңор силерди кичүүлөр сыйлайт, кызыбыз эмне дейт, анын дагы оюн билели балдарым.

- Туура, Салима туура айтат, - деди Болсунбек бакылдай, - Кыздын сөзүн угалы.

- Сен барып Жыпарды чакырып кел, - деди Калыбек Айсулууга.

- Ал али бала да, эмнени чечмек эле? - деп Айсулуу чукчуңдады.

- Чакыр! - деди Калыбек өктөм аялына.

- Мейли, чакырып көрөйүн, - деп чыгып барып кызынын бөлмөсүнө кирсе ал көңүлдүү.

- Апа, Азаматты алдап кетет дебедиңиз беле, алдабайт бекен? - деди жылмая.

- Ай кыз, оюн болуп жатканы жок, бул сенин тагдырың, - деп Айсулуу ачуулана кызына карады, - Сага куда түшүп келишиптир:

- Ошондой болоорун билгенмин.

- Эй кыз, эс-акылың ордундабы деги?

- Эмне болду апа?

- Сен макул эмесмин деп айтасың азыр.

- Эмнеге?

- Жүрү, мен Азаматты жактырбайм, ал калп айтат дейсиң.

- Эмнеге апа, мага Азамат жагат.

- Эмне? - Айсулуу кызын жаакка чаап жиберди, - Эмне дедиң?

- Апа, эмнеге менин оюмду укпайсыңар, калып айтпа деп өзүңөр үйрөтпөдүңөр беле?

- Өлүп кеткир десе, бас эми, өзүң жооп бер! - деп колдон алды.

- Мен барбайм, силер макул боло бергиле!

- Эмне?

- Ошо!

- Эй кыз чыныңбы?

- Ооба, ойноп сүйлөчү белем апа?

- Ай кудай ай, жинди болуп кетпесем эле болду, - Айласы кеткен Айсулуу саамга башын мыкчый кармап туруп анан бөлмөдөн чыкты, аны кирип келгенде баары суроолуу тигиле карап калышты, - Эки жылга чейин байкаштырып көрөлү, ага чейин кыз дагы чоңоеор...

- Айсулуу кыз кана? - деди Калыбек.

- Ал...

- Айтпайсыңбы?

- Ал өзүңөр билгиле дейт, - Айсулуу зорго айтты.

- Ап бали кызым, - деди Болсунбек бакылдай, - Эмесе кемпир биз чыгалы, калганын өзүбүз бүтүрөбүз, - деди эле Бегет:

- Боке, эки жакшы тоого чыкса кудалашып, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт имиш, биз чанбайбыз танбайбыз, кыскасы балдар чечет, - деди уул-келинин карап, - Бир эл, бир жерликпиз, бири-бирибизди түшүнөбүз, эки бала ынтымакташып бара жатса биз каршы болмок белек, капа болбогула, - деди.

- Бегет, мен ыраазымын, эмкиси өзүбүздөн, силердей куда күтсөк өкүнбөйм, - деп Болсунбек дасторконго бата кылды, - Кудай бизге ынтымак берсин, ортобузда ынтымак болсун Беке.

- Айтканың келсин, - деди Салима, ошентип аларды узаткандан кийин Айсулуу туйтала боло берди:

- Ушундай кезде сүйөм-күйөм дегенди уккан эмесмин, билбейм дагы!

- Эмне болуп жатасың? - деди Калыбек, - Кызым өз каалаганына барат!

- Он сегизге али чыга элек, азыр аны биз билебиз.

- Болду эми, аны көрө жатаарбыз, ар нерсенин убагы бар Айсулуу, бири-бирин кааласа биз тоскоол боло албайбыз да.

- Талашканда пайда жок, - деди Салима жылмайып, - Жыпар эми эле кеткени жаткан жок да балдар, дагы бакандай эки жыл бар, ага чейин канча нерсе өзгөрөөрүн ким билет, тагдыр буйруса биздин каршы болгонубуз түккө турбасы белгилүү.

- Ошондо тим коебузбу апа? - деди айласы кеткен Айсулуу.

- Учуру келет балам, тагдыр тараза деп коет.

- Эртең эле малын айдап келип калсачы?

- Келсе тозуп алгыла, таздын көөнү болбосо кыздын көөнү да балам.

- Менин кызымды бергенге көңүлүм жок, окуса дедим эле.

- Мен окубайм! - деди ошондо кирип келген Жыпар.

- Анда эрге тий!

- Ата, апамды кой дечи, - Жыпар атасына эркелей кетти.

- Болду кызым, сен каалагандай болот, - Калыбек күлүп кызын чачынан сылап өптү.

- Кандайсыңар? - деп Каныбек аялы Таалай экөө келип калды, аны Калыбек чакыртып ийген, - Кудаңарды узаттыңарбы?

- Кайдагы куда? - деди Калыбек, - Сөз болду да.

- Сөз болгондон кийин демек болот деген сөз.

- Эми чогуу кеңешебиз да, - деди Бегет.

- Эмнени кеңешет элек, өзүңөр чечкен турбайсыңарбы? - Каныбек таарынгандай болуп отура кетти, - Биз Таалай экөөбүз кеч калыппыз да.

- Эми болот да балам, - деди Салима, - Ага-инилер эми кеңешкиле, Болсунбекти куда катары көрө аласыңарбы?

- Болсунбек жакшы эле адам го? - деди Каныбек, - Колунда бар, балдары деле тарбиялуу, ар бири өз-өзүнчө жашашат.

- Туура, айылдагы эки адамдын бири, - деди Калыбек.

- Сага жакса бер анда, жанагы баласы мага такыр жакпайт.

- Бала кезде балдардын баары шок болот да.

- Пешенеге баары жазылган балам, - деди салмактуу сүйлөп Салима, - Биз кой-ай дегенибиз менен эчтеке чечилбейт, - Ойлуу уул-келиндерин карады, - Кыз байлык деп коет, ошону үчүн илгери кыз төрөсө кырк жылкылуу болдум дешкен, ата-эне балдарын бактылуу болсун дейт, ырысыңар бар экен жуучу келип отурат, эшигиңе доочу келгенче жуучу келгени жакшы эмеспи балдарым.

- Апам туура айтат, бизди апам акылдуу сөздөрү менен сугарып чоңойткон да, - деди Калыбек күлүмсүрөй, - Апам бар атам бар ырыстуубуз.

- Албетте, атамдар бар үчүн бактылуубуз, - деди Каныбек дагы, ошол тушта алар абдан бактылуу эле, бакылдашып отуруп тамакка чогуу отурушту, Жыпар аларга өзү тамагын алып келип койду. Ошентип бул күнү бака-шака болуп отурушту, Бегет менен Салима балдарын карап отуруп өзүнчө ыраазы болуп бактылуу, кудайга ыраазы эле, турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып, жетишпестиктин азабын канчалык тартышса дагы кудаанын буйрук насибине арга жок экен, же зары жеткенби, минтип бактылуу карылыктын төрүндө неберелеринин кылык-жоруктарына тоюп, эми неберелеринин жакшылыгын көргөнү турган кездери. Арадан жума өтпөй эле Болсунбек эки иниси менен өзү аялдарын ээрчитип малын айдап куда түшүп келип калды, аргасыз Айсулуу гана, башкасы кубанып эки баланын эртеңкисин ойлонушуп тозуп алышты, Жоробектерди дагы чакырышты, Болсунбектин кары энеси бар эле аны ала келип ошо сөйкө салып ак батасын берди, Азамат кубанычтуу Жыпардан көз албайт. Ошентип Болсунбек калың үчүн бир бээ, бир уй, он кой айдап келип кызга сөйкө салды, Калыбектер кой союп коноктоп өз жол жобосу менен узатышты.

Жыпардын жүзүнөн бакыттын нуру төгүлүп башкача ажарлуу болуп кетти, эми алар көз көрүнөө эле жолугушат, Азамат түз эле үйгө келет. Канчалаган кыздар Жыпарга суктанып жатышты, анткени Азаматты сүйбөгөн кыз жок эле, ошондой күндөрдүн биринде Жыпарга Света деген классташы келип калды, каникулга жаңы гана тарашкан, жай айы келип айлана жашыл боек менен боелуп, мөмөлөр түйүлүп шагында бөрсөйүп калган убак.

- Жыпар, мен сага бир сөз айтайынбы? - деди Света.

- Айта бер.

- Азамат Айжамалды сүйөм дептир.

- Койчу?

- Чын айтам, кечээ ал өзү айтты.

- Азамат айтпайт, ал өзү эле ошентсе керек.

- Азаматка ушунчалык ишенесиңби?

- Ооба, - деди Жыпар, - Ал башканы сүйбөйт!

- Билбейм, уялбай этпей эле айтты.

- Мени, ата-энесин алдай албайт ал.

- Ошондой эле болсун.

- Айжамалга айтып кой, Азаматка дагы бир жолу ушундай сөз жармаштырса таарынбасын, өзү эле уят болот, - деди Жыпар.

- Мен айтпай эле коеюнчу, андан көрө Азаматка айт, - деди Света.

- Айтпайм, мен ага арызданмак белем, кудалашкан кызы бар жигитке жармашып өзү уят болот, ата-энеси, эл билет, - Жыпар кербездене кашын серпти.

- Өзүң бил, мен сени капа кылайын деген оюм жок, угуп алып эле жиним келди.

- Мен эч капа болбойм, Азамат аны сүйсө тийсин айтып кой.

- Кой мен кеттим, - Света кызаңдай кетти, Айжамал мектепти бүтүп үйүндө жүргөн эле, ошону үчүн Жыпар ошенткен, Света жөнөй бергенде Азамат келип калды эле Жыпар:

- Света токто! - деди.

- Кандайсың Жыпаш? - деп Азамат учурашты.

- Жакшы, - Жыпар аны жактыра бербей карады.

- Эмне болду Жыпар? - Света ыңгайсыздана басып келди.

- Сен эми Азаматты биротоло Айжамалга жеткир, эми мага кереги жок!

- Жыпаш эмне деп жатасың? - Азамат түшүнбөй карады.

- Айжамалды сүйөт экенсиң үйлөнө бер!

- Ким айтты? - Азамат чекесин тырыштыра карады.

- Сени кызгангандай болбоюн, Светадан угуп ал! - Тескери карады.

- Мен укканымды айттым, - Света кызаңдай укканын айтты, - Мен жыпардын классташы, курбусу болом, ошону үчүн айтып келдим.

- Акмак го ал кыз, сүйөм демек тургай жанына жолоптурмунбу?

- Ким билет, болду экинчи келбе, Айжамалды же Гүлжамал, Гүнжамалды аласыңбы, сүйөсүңбү ишим жок! - деп үйүнө кирип кетти Жыпар. Азамат кызаңдай туруп эле калды, ошондон көп өтпөй эле Азамат Айжамалды уят кылганын укту Жыпар. Зымырык куштай зымырап өтүп Жыпар мектепти бүтүп тойго камынып калышты, Болсунбек үйүнө жылкы союп коюп кудасыныкынан кызды алып кетишти. Бегет менен Салима небере кызынын тоюнда төрдө гана отурушту, Нургүл менен Жазгүлдөр да келишкен, Нургүл өзү эле келди, анткени ажырашып кеткен эле. Жазгүл күйөөсү, уул-келини менен келди, той абдан жакшы өттү, Айсулуунун төркүндөрү, инилери менен сиңдиси Нурсулуу дагы келишкен. Кутубек болсо үйлөнгөндөн кийин ичпей калган, аялы Шекер тың келин болду, атасы Субан кызына жакшы сеп берген, Кумаштын кубанганын айтпа, баягы ызы-чуу жок, Жоробек экөө оңуп эле калышты, алар уулунун токтолуп адам болуп калганына кудайга ыраазы. Кандай гана ата-эне балдарын жакшы болуп эл катары жаша деп тилек кылбайт, элдин алды болуп жүзүбүздү жарык кылып бактылуу жасаса дебейт, бирок кээде теңирден тескери болгон учурлар болуп жатпайбы. Жыпар шыпылдаган келин болду, кайната-кайненеси аны Жыпаш деп эркелетип гана турат, Калыбектер септи жакшы берди. Бегет менен Салиманы атайын чакырып алышты, болгону Айсулуу абдан капа болуп жүрдү, кызынын турмушка эрте чыгып алганы, күйөө баласынын өзүнө жакпай турганы да себеп эле, ал канчалык тоскоол болуп эки жыл бою кызын көндүрмөк болсо дагы Жыпар Азаматтан баш тартпай койбодубу. Калыбек аялынын көптөн бери суз болуп ойлуу тартып бара жатканын байкаган Калыбек:

- Айсулуу, сенин бир жериң ооруп жүргөн жокпу? - деди бир күнү.

- Жо-ок, эмне болду?

- Билбейм, сен башкача болуп кеттиң.

- Эмнени ойломок элем, Жыпаш эмнеге эрте тийип кетти десең?

- Бактылуу болсун дейлик эми.

- Бактылуу эле болсо болду дечи, эмнеге эрте тийди.

- Ошого эле мынча камыктың алтыным, өзү каалады.

- Ооба-а, өзү каалады дечи...

- Кой, анчалык эле өзүңдү жей бербе, - Калыбек аялын тынчтандырып өзү соодага карап кетти, ошол учурда Айтолкун кирип келди.

- Кандайсыңар, мен сиздин карызыңызды алып келдим.

- Ой рахма-ат, чынчыл экенсиз, - Калыбек ага ымдап аялым бар дегендей кылды, ал байкабай эле тамашалап кирди, Айсулуу прилавканын артында эңкейип отурган эле башын өйдө көтөрдү:

- Сизге рахмат, дагы келсем берип турасыз ээ? - Айтолкун шыңкылдай күлдү.

- Кардарлар так болсо берип турбай анан, бир айылдан болсок бербегенге болбойт го.

- Макул жакшы калыңыз, - деп Айтолкун чыгып кетти.

- Жакшы барыңыз, келип туруңуз.

- Бул сенин жакшы кардарың го? - Айсулуу тура калды.

- Ооба, карыз алып берип турат.

- Көрүнүп турат.

- Эмне дегени турасың?

- Көз карашыңар башкача го?

- Койчу Айсулуу, кардар деген кардар да.

- Менден карыз сурабайт, көп эле келет бул келин.

- Эми айта албайттыр да.

- Магабы?

- Ооба, сен сүрдүүсүң алтыным, ал тургай мен дагы сүрдөп турам, - Калыбек аялына жагынгандай жылмая карады.

- Ошондой де? - Айсулуу күйөөсүнүн маңдайына келди, - Сен дагы сүрдөп турасыңбы?

- Ооба, чын айтам.

- Жыйырма жылдан бери жашасак дагы сүрдөйсүңбү?

- Эмне болуп жатасың эми, бир кардар үчүн уруш чыгарасыңбы? - Калыбек үтүрөңдөй кирип келе жаткан кардарга карап калды, - Келиңиз, эмне берейин?

- Картошка, пияз, май анан эт бериңиз.

- Жарайт, - Калыбек шыпылдай кыймылдап тартып берип жөнөттү, андан кийин дагы улап кардарлар келип экөө эки жактан соода кылып ал жөнүндө сөз бүткөндөй эле болду, керээлден кечке ушул, бирөө кийим-кечеге, бирөө дептер ручка калемге келсе кээси азык-түлүккө келет, сооданын жүрүп турушу көңүлдүү, элет элинде деле жер айдап картошка, пияз, сабизди айдап алгандар бар дечи, бирок чанда эле, көбү дүкөндөн сатып жешет, улантып калганга дүкөнүн кеңейтип шаардан издегенин булардан тапчудай. Анткени айылда той топура, өлүм житимде шашылыш кийит-кече дасторконго койчунун баары бар, кээси акчага алса кээси карыз алып анан төлөп беришет. Мектепке керектүүнүн баарын алып келип койгон, сыртында "Жыпара" дүкөнү деп жазылып турат. Ошол жылы алар улуу баласы Алтынбекти үйлөнтмөк болуп камынып калды, Алтынбектин өзүнүн сүйлөшкөн кызы бар, ал ушул эле айылдын башында, ата-энеси өлүп калып чоң атанын колунда, жалгыз кыз, аты Нуриса, экөө мектепте бир класста окушкан, өңдүү-түстүү кыз, бирок өтө эле эрке, ал Алтынбек барбай калган күнү таарынып жатып алып чоң энесин кечке жалынтат. Кечээ келбей калган эле, бүгүн ошого таарынып көмкөрөсүнөн түшүп жатып алган.

- Нуру, турчу кызым, ачка болдуң го? - деди Жибек жанына отуруп.

- Жок турбайм, эчтеке ичким келбейт.

- Ооруп калып жүрбө садага.

- Мейли.

- Ок, ооруп калсаң көргөн күнүбүз не болот кызым?

- Эчтеке болбойт, менин жашагым келбейт апа.

- Ок, антпе кызым, өлүмдүн жүзү курусун, түрү суук өлүмдүн айынан жалгызымдан айрылып сени арка жөлөк кылып отурабыз го? - Жибек эмшиңдей карады, жашы алтымыш бештерге, Турус туура жетимиште, өз жашынан бир топ жаш көрүнөт, али кырчоо, күүлүү - күчтүү.

- Мени Алтынбек сүйбөйт, сүйсө келмек, ал келгенче жата берем.

- Кой каралдым, жаш кезде боло берет, бири келсе бири кетет, сүйлөшүп койсо сүйдү дебе кызым, акылың бар, Алтынбек сени менен бирге окубадыбы.

- Жо-ок! - Нуриса тура калды, - Мен аны сүйөм апа!

- Мейли садагаң, колу бошобой калгандыр, бүгүн келип калаар, - деген Жибек ичинен жүрөгү ооруп турду: "Жалгызымдын жалгызы бактылуу болсо болот эле, минтип отурса кандай неме келин кылат, же үй жумушун жасай албайт, эркеликтин зыяндан башка пайдасы болчу эмес эле, кудай ай деги чырагымдын багын ача көр", - деп ойлонуп сыртка чыкса Турус:

- Турдубу? - деди.

- Жок.

- Бирдеме ичип алса боло.

- Болбосо эмне кылайын.

- Мен барайынчы, - деп Турус кирди, - Нуру, турсаңчы кызым.

- Ии-ий, тажатып жибердиңер да ата.

- Кардыңды тойгузуп алып анан жатчы.

- Аный.

- Эми сен бой жеттиң кызым, минткениң болбойт.

- Эмне кылайын анан? - Тура калды, - Иш кыл дейсиңерби?

- Жок-жок кызым, ачка жата бербе дегеним да, - Кары тайсалдай түштү.

- Бар, бара берчи тажатпай! - деп кайра ары карап жатып алды. Турустун шагы сына кайра чыкты:

- Турдубу?

- Жо-ок, - Отура кетти, - Кемпир, экөөбүз кызды жаман өстүрүп алдык.

- Өзүндө деле бар да, акылы болсо ойлоноор...

- Ай ким билет, барган жерине дагы кантээр экен? - Кемпир-чал унчукпай калышты, өз-өзүнчө ойлонуп жатты, дал ошол күнү Калыбектер сүйлөшүп алып Турустун үйүнө келишмек болуп камынып жатышкан, Турус тың турат, жалгыз уулу кассир болуп иштеп жүрүп аялы экөө авариядан көз жумган, ошондо Нуриса төрт жашта болчу. Мал-кели, пенсиялары менен жашашат, соодасы жок. Түш оой беш-алты киши болуп Алтынбекти ээрчитип эки унаа келип токтогондо Жибек шашыла Нурисанын бөлмөсүнө кирди, Турус келгендерди утурлай чыкты:

- Келгиле балдар, жол болсун.

- Сиздер менен бирге болсун ава.

- Кайдан, кайда?

- Сизге келип калдык, - деди Калыбек.

- Турус, үйгө кир десең боло, - деди Бегет кулжуңдай, алар тааныш эле, - Биз сенин үйүңө келдик.

- Киргиле-киргиле, келгениңер жакшы, - деп Турус аларды үйгө карай баштады, Жибек Нурисаны тургуза албай жаткан:

- Нуру, турсаң боло кызым, сыртка бирөөлөр келди, жуучу келди окшойт.

- Келе берсин, силер жок деп жооп бергиле.

- Ошо кантип болсун, мени бүжүңдөтпөй дасторкон сал кызым.

- Койчу апа, мен дасторкон салып жүрдүм беле?

- Салып көн, кийин уят болбогудай бол да кызым.

- Турбайм, өзүңөр жөнөтүп ийгиле.

- Ай кудай ай, деги кандай кыз болдуң эле, - деп наалыган Жибек бөлмөдөн чыкты, Турус конокторду төркү бөлмөгө киргизген эле, кайра чыгып келе жаткан:

- Кайда жүрөсүң кирчи үйгө.

- Эмнеге келишиптир?

- Келгени белгилүү го, кызыңа келишкен го.

- Мейли, - деп Жибек сыр бербей кирип учурашышты, - Келгиле айланайын, келип калыпсыңар.

- Келип калдык, - деди Бегет, - Силерди өскөн кызыл гүл бар дейт, бизде жигит бар, экөө бири-бирин жактырат экен, - дегенде Жибек Алтынбекти жалт карады, ал Алтынбекти Нурисадан укканы менен кимдин баласы экенин билчү эмес, өзүн деле көргөн эмес.

- Жакшы-жакшы, балдар сүйлөшкөн болсо мейли, - Жибек Турусту карады.

- Туура, балдар сүйлөшкөн болсо биз каршы болмок белек? - Турус баш ийкегиледи.

- Эмесе кызды көрсөк, - деди Салима.

- Мейли, мен чакырайын, - Жибек чыгып бөлмөгө кирди, - Нуру, сен сүйлөшкөн жигит келиптир, ата-энеси менен, - дегенде Нуриса ыргып турду:

- Алтынбекпи?

- Ошол го сыягы, башка жигит менен сүйлөшкөн жок белең кызым?

- Жо-ок.

- Анда ошол эле, тур кийинип, өзүңдү ирээтке келтир да үйгө чай алып кир! - Жибек бөлмөдөн чыгып бара жатканда:

- Апа, мен чай демдей албайм да, - деди.

- Мен демдеп даярдап койгонмун, сен алып гана киресиң.

- Макул, - Нуриса жүрөгү элеп-желеп боло: "Алтынбек айткан эмес эле го, кантип эле айтпай келип калсын, анда ким келди, ким сүйлөшүп жүрөм деп калп айтты экен, Алмазбы же, ага болбой койбодум беле, балким Сагын чыгар, алардын мага эмне кереги бар", - деп ойлонуп узун чачын артына түйүп, көйнөгү менен азыркы чыгып жаткан саймалуу чыптамасын кийип ашканага чыкты, апасы демдеп койгон чайды падноско салып көтөрүп кирип бара жатып эле улуулардын этегинде отурган Алтынбекти көрүп жүрөгү лакылдап кетти:

- Кел кызым, айла-анайын десе, - деп Салима туруп келип эки бетинен өптү, ансыз дагы жүрөгү лакылдап согуп эки бети албырган кыз баарына башкача сулуу болуп көрүндү, - Бактылуу болгула кызым, Алтынбегим тандаганынча бар экенсиң, аман бол садага, - Салима кайра отурду. Ошентип алар кеткенден кийин Нурисага Жибек акыл насаатын айта баштады, үй ичин кармап тамак жасаганды, чай демдегенди үйрөтүп жатканда:

- Апа койчу, тажап кеттим, - деди бир күнү.

- Ие кокуй, үй жумушун кыла албасаң Алтынбек бир күнү жеткирип койбосун? - деди Жибек тамашалай күлүп.

- Өзүн кубалап чыгам.

- Кантип? - Эне небересин элээ карады.

- Керек болсо өзүнө жасатам апа.

- Кой кокуй, чоң ата, чоң энеси, ата-энеси бар бала, сен бизди уятка калтырба.

- Айттым го, өзүнө жасатам, - деп Нуриса болбой отуруп алды.

- Мына бир айдан кийин үйдөн алып кетишет, той түшүрөбүз деди кызым, турмуш оюнчук эмес, жашоо адамды сынайт, жашай албасаңар сүймөктөн балакет болсоң да сенден ажырашам, эркек колунан эчтеке келбеген аялды алып жүрбөйт кызым.

- Апа-а, Алтынбек антпейт, - Нуриса апасы менен айтышып турганда ышкырык чыкты, Алтынбек дайым ошентип келчү, Нуриса кубанган бойдон сыртка карай жүгүрдү, эне небересинин өтө эркелигине, жалкоолугуна кейип отуруп калды. Нуриса жетип эле Алтынбектин мойнуна асылды, - Келдиңби?

- Келдим, кандайсың Нуру? - Ал дайым чоң энеси айткандай эркелетип чакырчу.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жайында, тойго камынып жатабыз, өзүңчү?

- Өзүм жүрөм, апам болсо мени иш кылып көн деп тажатып жатат.

- Эмне иш кылчу эмес белең?

- Өздөрү эчтеке жасатпай көндүргөн да, - Нуриса тултуя жер карады.

- Сен анык принсеса турбайсыңбы, сени менен жашоо кыйын болот го? - Алтынбек тамашалай карады эле Нуриса дароо ага карады:

- Эмнеге, иш кыла албаса жашай албайбы?

- Ойлосоң, биз өзүбүзчө жашасак го эптеп үйрөнөсүң, чоң ата, чоң энемдерге кызмат кылууга туура келет, - деди Алтынбек.

- Сен жардам бересиң да.

- Мен такыр казан-аякка барган эмесмин да.

- Анан эмне кылам?

- Мен анда башка кыз издөөмө туура келет.

- Эмне-е? - Нуриса жигитин көздөрүнө жаш толо карады, - Сен мени сүйбөйсүңбү?

- Сүйүүгө курсак тойбойт Нуру.

- Мейли, болуптур анда жолуң ачык! - деген Нуриса үйүн көздөй жүгүрмөк болгондо Алтынбек аны карыдан кармап калды.

- Нуру, турмуш куруу оңой эмес, мен сени тамашаладым.

- Мага тамашаңдын кереги жок!

- Болду эми, минте берсең биз жашай албайбыз.

- Бар, мени кое бер да башканы издей бер! - Кыз бошонууга жулунду.

- Нуриса! - деди Алтынбек ачуулу өктөм, - Эмне болуп жатасың, мен сени менен урушу үүчн эмес сүйлөшүү үчүн келгенмин, - дегенде Нуриса жулунганын токтотуп аны үнсүз карап калды, - Сенин сүрөтүң керек, сени бул жерден алып кетээрибиз менен той өткөрөбүз, өзүбүз эки жүз орундуу кафе ачканбыз, чакыруу билет жасатып келишет.

- Дароо элеби?

- Ооба, бул жерден чыгып эле закска барабыз, андан кийин балдар менен ойноп келип кафеден той өткөрөбүз, атамдар биринчи балабыздын тоюн эсте калаарлыктай өткөрөбүз деп камынып жатышат.

- Чын элеби? - Нуриса көздөрүн жалжылдата карады.

- Ооба, эмки жумада экөөбүз райондон үлпөт көйнөк тандайбыз.

- Ой ий чынбы Алтынбек?

- Албетте, биздин кафени көрдүң беле?

- Жо-ок.

- Айылдын тең ортосуна салбадыкпы, азыр той менен баардык нерсе ошол жерде өтүп калган, тушоо тойду дагы ошол жерден өткөрүшөт.

- Жакшы экен, мен үйдөн чыкпасам кайдан көрмөк элем?

- Эми көрөсүң, сүрөтүңдү алып чыгып бер, же районго барып түшөлүбү?

- Сен кандай деп ойлойсуң?

- Даяр сүрөт болсо бере бер, атамдар шаарга кетип жатышат, билет жасата келели деп жатат.

- Макул, мен сүрөттү алып чыгайын ээ? - деп Нуриса үйдү көздөй басты, Алтынбек аны карап туруп: "Эрке өскөн кыз да, акыры баарына көнөт, мен сүйгөн эрке кыз", - деп күлүмсүрөй кыздын бой келбетине, мүчөсүнө карап турду. Нуриса бат эле келди, - Алтынбек, ушул сүрөт болобу?

- Болот, мен кеттим, атамдар күтүп калды, - Алтынбек кызды жүзүнөн өөп коюп унаага отуруп жөнөп кетти, элеп-желеп болгон кыз толкунданып үйгө кирди:

- Эмне болду кызым? - деди Жибек.

- Алтынбек үлпөт той өткөрөбүз дейт.

- Өткөрөт да кызым, колдорунда бар болсо, Бегет менен Салима кезинде ушул балдарын эптеп-септеп эле багып койду эле, тың чыгышкан экен.

- Ошондой беле апа?

- Ооба, эптеп эле жашашчу, анда сенин атаң күркүрөп бухгалтер, анан кассир болуп, апаң байкуш отдел кадр болчу, экөө ээрчишип барып келип эгиз козудай жүрүшчү эле, өмүрлөрү кыска экен кантейин, - деп Жибек көз жашын сыгып алды.

- Анан эмне болду эле апа?

- Экөө бир күнү бир жакка кеткен...

- Ошондо авария болуптурбу?

- Ооба, атаң экөөбүздүн күнүбүз түнгө айланбадыбы, эки бирдей өлүктү алып келишкенде өзүбүздү жоготуп койдук кызым, кийин ар ким ар ким айтып жүрүштү, атайын болгон экен, көрө албаган эле бирөө кылыптыр дешти, - Жибек үшкүрүп алды.

- Териштирген жоксуңарбы?

- Кайдан, сүзүп кеткен неме эки жыл отуруп бошонуп кетип үйгө келип куран окутуп кечирим сурады, өлгөн неме тирилмек беле кызым, жазасын кудай берсин, алы жетпеген акыретчил деп кала бердик да.

- Эмнеге көрө алышпайт?

- Атаң абдан чынчыл болчу балам, - деди Жибек, - Бир жолу үйгө ачууланып келди...

- Эмне деп? - Нуриса ата-энеси жөнүндө угууга ынтызарлана сурады.

- Ийе балам, ачууланып алгансыңбы десем, энесин урайын жумушчулардын айлыгына кошумча ведомост түз дейт, өкмөттөн эки миң сом ашык келсе аны бөлүш керек экен, ал эми аларга кол койдурганда өз айлыгын эле беребиз, эсептей келгенде мен жооп берип калам да, - деп жинденди.

- Ал кандай кошумча ведомост экен?

- Мисалы мага алтымыш сом чыкса аны жүз алтымыш деп коет да жүз сомду өздөрү кымтып алат, ошондо жүз адамдын акчасы канча болот?

- Жүз кишиден жүздөн кымтыса он миң сом болот да.

- Көрдүңбү, ошол кезде он миң сом деген укмуш эле да, улак козунун э- кымбаты отуз-элүү сом болчу, атаң ошого күйүп жүрөт да, рубль эле анда, өзүнүн айлыгы эки жүз болчу, директор төрт жүз рубль алат дечү балам, акчанын баары атыңдын колунда болот эле да.

- Ой ий, анда атам көөп кетпептир да?

- Атаң көпмөк тургай жүз жыйырма рублга иштеген, кийин көбөйгөн да.

- Өлбөгөндө кандай жакшы болот эле ээ апа, ал эми апамчы?

- Апаңа дагы көп тийишкендер болчу, жалгандан эмгек книшка жазып бер деп акча беришсе албай капаланып жүрдү: эч жерде иштебеген немеге кантип жазам, эгерде текшерип калышса мага жаман болот деп, кыскасы экөө тең ак жүрөк эле да.

- Ошону үчүн өлтүрүп коюшкан го?

- Кийин ал деле өлдү балам, жети жылдан кийин ал дагы авариядан өлдү деп угуп калдым, таба эмес тобо... Баса эми сенин себиң бүттү, эртең шаарга жөнөйбүз кызым, сага кийим-кече алуубуз керек, - деди Жибек чарчагандай, ал уул-келинин эстегенде ар дайым жүрөгү ооруп кыйналып кетчү. Ошентип алардын да камы бүттү, Калыбектер келин тойго тууган уругун, кудаларын Каныбектин кудаларын дагы чакырды. Нуриса менен Алтынбек шаарга барып үлпөт көйнөк алып келишти, колуктунун курбусу болуп классташы Нурай жанында болуп кафеде шаңдуу той башталды. Ошол эле айылда музыкант бар болчу, бүт аппараты бар, тойлордо тамада болуп жүргөн Абат деген, аялы Назгүл, ошолор музыканы жаңыртып Ават тойго келгендерге орун алуусун ирээттеп айтып жатты. Алтынбек менен Нуриса чыкканда зал ичи дүңгүрөгөн кол чабуудан кулак тунуп бир жагынан шаңдуу музыка чыгып кыз-жигит төрдөн орун алышкандан кийин тынчыды. Турус менен Жибектин кубанычтары койнуна сыйбай кызынын бактылуу жүзүн көрүп өздөрүнчө эле бири-бирин карап коюп отурушту. Той да өттү, уул келинин үйүнө алып келип кудаларын тозуп жатышты, Турустун иниси карындашы бар эле, Нурисанын тагасын, таенесин дагы чакырышкан, алар көп келип кетише турган. Нурисанын бактылуу жүзүн көргөн таенеси Чачыкей:

- Садагаң кетейин, эми сен бактылуу бол, өмүрүң узун болсо экен, - деди чекесинен өөп, - Өмүрлүү болгула айланайын, - Жашып кетти.

- Таене, бүгүн менин тоюм, капаланбаңызчы эми.

- Мейли садагаң, курган кызым эсиме түшүп кетпедиби, - деп Чачыкей отуруп калды. Алар дагы Нурисага куру кол келишкен эмес, кийит-кече, бир килем, шырдак ала кийиз, анан атайын апасынын сүрөтүн чоңойттуруп алып келишкен. Нуриса буга чейин үйүндөгү апасынын сүрөттөрүн көрүп жүрсө дагы бул сүрөттү көрүп абдан таңгалды, анткени азыркы сүрөтү өзүнө куюп койгондой окшош эле. Бул сүрөт ал үчүн өмүрүндөгү эң кымбат белек болду. Алтынбек өз сүйгөнүнө жетип абдан бактылуу болуп турган учуру, той болуп, эл аягы суюлбай келинчеги менен ээн-эркин боло албай жатты, арадан он чакты күн өткөндө гана өздөрүнчө болуп калганда:

- Бактылуусуңбу Нуру? - деди кучактап отуруп.

- Аябай, аябай бактылуумун!

- Алтыным десе, эми менин сүйөрүмө ишендиңби?

- Ооба.

- Эми таарынбайсың ээ?

- Жо-ок, - Нуриса күлүп эркелей карады, - Таарынчу сөз айтсаң таарынам.

- Ошол таарынычты тигил үйгө эле таштабайт белең? - деди Алтынбек күлүп.

- Кантип?

- Ушинтип эле, сен менин аялымсың эми, эртеңден баштап эмне десем даяр болушу керек, - Мурдунан чымчып койду, - Уктуңбу алтышка?

- Уктум.

- Кана эми уктайлы.

- Менин уйкум келбей жатат, - Күйөөсүн бекем кучактап алды, - Сен башка кыздар менен сүйлөшкөн жок белең?

- Сүйлөшсө эмне болуптур, эркекмин да.

- Жинди!

- Сенчи?

- Мен деле кызмын да, анан дагы сулуумун, канча жигиттер ашык болбоду.

- Чынбы? - Алтынбек аялын жулмалап өпкүлөп кирди, - Кана чык айтчы, канча жигит менен сүйлөштүң эле, аларга өптүрдүң беле?

- Жо-ок, өпкөн эмес.

- Калп? - Алтынбек ары карап кетти.

- Эмне кызганып жатасыңбы?

- Кызганам да, мен атамдарга айтып көндүргүчө...

- Жинди, ошол убакта мен атамдарды кандай кыйнаганымды билесиңби?

- Кантип кыйнадың?

- Эчтеке ичпей жатып алганмын, байкуштарым жалгыз калышты го?

- Капаланба, барып турабыз.

- Эрте эле төркүлөтсө экен ээ?

- Оңой эмес го, келин алуу, той өткөрүү...

- Аябай эле түштү го?

- Алар дагы ошончолук беришкен да.

- Мейли, апам менен атамды ойлосом эми жүрөгүм ооруп кетет, байкасам такыр аларды ойлонбоптурмун, өзүмчүл экенмин, карыган немелерди кыйнаганымчы, - Нуриса улутунуп ийди, - Сүйүү деген көрсө учкан уяңдан кетүү турбайбы?

- Капаланбачы алтыным, аларды карап турабыз, жакын эле го.

- Эми гана ойлонуп жатпайынбы, жалгыз калышаарын ойлобопмун.

- Болду уктайлы, - Экөө бекем кучакташып жатып калышты, жаштыктын толуп ташкан күчү, жалыны эки жашты кучагына алып бакыттын туу чокусуна жетип турган чактары эле, алар түмөн түйшүктүү жашоо деген төрт дөңгөлөктүү арабага жаңы гана отуруп эки тизгин бир чылбырды колдоруна алган кездери. Келечек тагдырлары кандай болот, өмүрдө аларды кандай азап, же бакыт күтүп турат кабарсыз эле...

Аземдин окууга өтүп окуп калганына эки жыл болуп калган эле, капысынан ал Мелис Акматович менен таанышып калды, ал бир көрүп эле ашык болуп калды, үй-бүлөөсү, балдары бар, Азем адегенде эч нерсени деле ойлогон жок, анын эси дарты эле өзүн төрөгөн аялды табуу болуп жүргөн эле, бир күнү аны окуу жайдан чыгып келе жатканда Мелис Акматович жылмая тозуп алды:

- Азем, кандай окуулар?

- Жакшы...

- Жүр, чай ичкенче сүйлөшөлү.

- Эмнени агай?

- Жөн гана, - Мелис Акматович сырдуу жылмайды.

- Менин убактым жок эле агай, сабакка даярдануум керек.

- Кайсы сабактан?

- Физикадан.

- Ой анын жарасы жеңил, мен сүйлөшүп коем.

- Бирөөнүн жардамы эмес өз күчүм менен окугум келет.

- Өжөрсүң го, өзүң чымчыктай бир кызсың, - деп күлө унаанын эшигин ачты, - Кана сулуу кыз отуруңуз, - Колун салондун ичине карай жаңсады, - Мархамат.

- Сиз...

- Отуруңуз.

- Рахмат, - Азем унаага кандай отурганын өзү сезбей калды, нары улуу кишини сындыргысы келбедиби арткы орундукка отурду.

- Кайда баралы Азем?

- Сиз билиңиз.

- Жа-арайт, - деп кызды күзгүдөн карап жылмая унаасын жылдырды, алар "Дели" аттуу ресторанга келишти, ресторан ичи күңүрт көрүнгөнү менен адамдын көңүлүн сергитчү жай экен, түстү пардалар, люстралар менен үстөл үстүндөгү гүлдөр бөлмөгө көрк берип турган. Алар чет жагынан орун алышты, кыязы ал мурда эле сүйлөшүп койгонбу, алар отураары менен эле тамак-аштарын көтөрүп келип коюп, аны менен бирге эле импорт вино алып келишти.

- Муну бекер алыпсыз, - деди винону көргөн Азем.

- Эчтеке эмес, тура берсин, - деп койду Мелис Акматович.

- Мен сизге таңгалып турам, - деди Азем.

- Эмнеге?

- Менде эмне жумушуңуз бар, мен сиздин балдарыңыз менен эле теңмин го?

- Кел тамактаналы, - деди Мелис Акматович суроого жооп берүүнүн ордуна, - Менин бүгүн туулган күнүм, элүү төрткө чыктым, - деди анан жылмая.

- Куттуктайм.

- Рахмат.

- Эмнеге үй-бүлөңүз менен тосподуңуз?

- Эми алар үйгө конок чакырышат, кечинде болот да.

- Сизге таңгалам.

- Эмне үчүн?

- Менден эмне керек сизге?

- Кана тамактаналы, - деп Мелис Акматович винону ачып вокалдарга куюп бирин Аземге сунду, анын суроосу дагы жоопсуз калды, - Мындай күнү бир аз ичип койсо эч нерсе болбос, - Кызды тигиле карады, - Суранам, бир жолу алып кой Азем.

- Мен ичпей эле каалоо айтып коеюн.

- Жо-ок болбойт, кел эми Азем.

- Мен такыр ичип көргөн эмесмин.

- Бүгүн даамын татып кой.

- Жок болбойт, мени агам билсе...

- Суранам, бир эле жолу, менин туулган күнүмдө.

- Көп жашаңыз агай, - Азем азыраак ууртап кайра койду.

- Эми ушуну алып кой, башка куйбайм.

- Макул эми, сиздин көңүлүңүз үчүн, ушуну алайын, башка куйбаңыз, - деп Азем рюмкадагы винону алып ийип отуруп калды.

- Койчу эми Азем, бул ачуу деле эмес, - Куурдактан сунду.

- Баары бир ичкилик да, жыттанып барсам агам менен жеңем өлтүрөт.

- Эми сен чоңойдуң го, азыр алардын сени тескөөгө укугу жок.

- Биз кыргызбыз агай, кызга кырк үйдөн тыюу бар дешет эмеспи?

- Ал эски салт, биз жыйырма биринчи кылымда жашап жатпайбызбы?

- Кайсы кылым болсо дагы салт деген салт, ата-энени укпай коюуга мүмкүн эмес.

- Эс-акылыңа баракелде-е! - Мелис Акматович күлүп калды, - Сен чын эле акылдуу кызсың Азем, атың да өзүң дагы Аземсиң.

- Комплиментиңизге рахмат, - Аземдин жүзү албырып чыкты.

- Бул комплимент эмес, чын дилимден чыккан сөз.

- Болуптур агай, көп отуруп калдык.

- Кой эми, бир аз отуралы.

- Кечиксем урушат.

- Эми он беш мүнөт, - Мелис Акматович колун көтөрдү, - Эми мындан дагы бирден ичели.

- Андай болбойт, мен эми ичпейм.

- Эми биздин тааныштыгыбыз үчүн, - деди эле ансыз дагы албырып бир аз ууртаганга өзүн жаман сезген кыз ажатканага кетти, ал муздак сууга жүзүн жууп келгенче Мелис Акматович көзү ачыкка жасатып келген шекерден акырын алып чынысына сала коюп отуруп калды, анан конфетти алып тарелкага салды. Азем жүзүн жууганга эс ала түшүп кайра келди, - Отур Азем.

- Кетүүм керек агай.

- мына азыр кетебиз, - Мелис Акматович туруп келип кыздын ийинине колун койду, - Суранам, эми бир жолу анан таксиге салып коем.

- Сиз мени кыйнап жатасыз.

- Жо-ок, сыйлаганым болсун.

- Сый деген ушундай болсо кереги жок эле.

- Эмнеге?

- Ата-баладай болуп ичип отурганыбызды айтам.

- Азе-ем, Азем сен бала эле бойдонсуң.

- Мен ансыз дагы жаш элемин.

- Билем-билем, бирок сенин жашыңдагы кыздар...

- Кандай экен?

- Биттин ичегисине кан куят дечи беле? - Күлгөн болду.

- Мен ата-энемдин жүзүн жер караткым келбейт, алардын менде үмүтү зор.

- Түшүнөм албетте, кел эми тезирээк кетүү үчүн тезден ичүү керек, - Рюмканы ага карматты, - Алып кой Азем.

- Макул агай, эми ушуну азыраак алайын, сизден бир өтүнүч экинчи мени минтип чакырбаңызчы, бирөө көрсө уят, айрыкча сиздин балдарыңыз, үй-бүлөөңүз... - Азем рюмканы колуна алып ичип жиберип анан чыныдагы чайдан ууртады, - Өтө ширин болуп кетиптир го?

- Ширин жакпайбы сага?

- Мен ширинди анча каалабайм.

- Мындан ары эсте болсун, - Мелис Акматович ага жылмая конфетти көрсөттү, - Бул конфетти сага алдырбадым беле?

- Кереги жок.

- Макул, бирок жок дегенде бир экөөнү салып алчы.

- Жарайт, - Азем күлүп койду, - Кеттикпи эми?

- Кеттик, - деп Мелис Акматович кызды колунан алды, Азем бир аз башы айланып барып өзүн кармай сыр билгизбей унаага отурду да аялдамага келгенде:

- Мен ушул жерде калайын, - деди.

- Кете аласыңбы?

- Эмне, мени мас турасызбы? - деди Азем аны бир башкача көз караш менен карап.

- Жок-жок, андай деп ойлогонум жок.

- Анда жакшы барыңыз! - деди да Азем түшүп калды, анан аялдаманын отургучуна отура кетти, ал бир азга өзүнө келгиси келди. Ал эми эле отурганда жанына бир жигит келип отуруп калды, аны көрмөксөн болуп отура берди, канча отурганы белгисиз уйкусу келе баштаганын сезип ордунан туруп ары-бери баса баштады, бир кезде сумкасына салган конфет эсине түшө калып анын бирин алып оозуна салды. Байкаса жанагы жигит аны карап ордунда отурат, оюнда ага жини келип алды, ас мас соолуга түшкөндөй болуп үйгө кетчү маршрутканы карай баштаганда:

- Бирөөнү күтүп жатасыңбы? - деген үндөн кара койсо жанагы жигит, жооп ордуна анын бутунан башына чейин эми гана көңүл бура карады, - Күткөнүңүз кечикти го? - деди ал кайра.

- Сизге кандай тиешеси бар?

- Сурадым да.

- Бекер кыласыз.

- Ушунчалык ачуулусузбу?

- Өзүмө жакпаганга.

- Демек, мен сизге жакпадымбы?

- Ошондой.

- Мен дагы ошондой ойлогонмун.

- Билип туруп сүйлөөнүн кажети барбы? - Азем ага карады, чынында келишимдүү эле жигит экен, - Эмгегиңиз текке кетээрин унутпаңыз.

- Мен ар дайым жолсузмун.

- Неге? - Азем кайра карады.

- Кыздар карабай кете берет.

- Ошондойбу? - Азем аны карап күлүп койду.

- Ошондой.

- Кызык экен.

- Ооба, өтө эле кызык, жигитиңизди күтүп жатасызбы? - деди кайра суроо узатып.

- Жок.

- Анда капа кылган го?

- Андай дагы эмес.

- Таңгалыштуу.

- Эмнеси?

- Сиздин көрүнүшүңүз.

- Эмне болуптур.

- Капалуудайсыз.

- Балким, - Азем дароо ойлоно түштү.

- Жүрөгүңүздө санаа бардай.

- Узи биякта эле калат го? - Азем күлүп койду.

- Өзүм психиатрмын да.

- Аа-а ошондойбу?

- Дал ошондой, - Жигит жылмая башын ийкеди.

- Демек врач экенсиз го?

- Ооба.

- Мен врачтарды жек көрөм! - деп Азем терс бурулду, ушул учурда анын көз алдына өзүн көз албай тигиле караган Мелис Акматович элестеп кетти.

- Неге, врачтар адам өмүрүн сактайт эмеспи?

- Дегинкиси жек көрөм.

- Менин атым Арман, - деди колун сунган жигит.

- Азем.

- Сонун ат экен.

- Сизге жагабы?

- Ооба, азем кооздукту, адемиликти билдирет эмеспи.

- Балким.

- Кайда окуйсуз?

- Академияда, экинчи курс...

- Жакшы, эми үч болот экенсиз да?

- Ооба, буйруса эки экзамен калды.

- Жакшы тапшырасыз деп ойлойм.

- Рахмат.

- Азыр кайда барасыз?

- Арча-Бешикке.

- Мен Арча-Бешикте турам, ала кетейин.

- Чын элеби? - Азем ишене бербей карап калды.

- Мени ата-энем калп айтууга үйрөткөн эмес.

- Кечириңиз.

- Айып эмес, барсаңыз ала кетейин.

- Макул, - Азем бул келишимдүү жигитке арбала түшкөндөй жол боюндагы мерседеске келип отурду, - Ата-энеңиз барбы?

- Ооба, менин байлыгым да барым ата-энем.

- Жакшы экен.

- Сиздикичи Азем?

- Бар...

- Канча бир туугансыңар?

- Беш, төрт эркек анан мен.

- Эрке кыз турбайсыңбы анда, - Арман күлүп койду.

- Сизден сурасам болобу?

- Сура.

- Эмнеге атыңызды Арман деп койгон?

- Аа-а, муну сураарыңды билген элем.

- Кантип?

- Анткени көбү ушинтип сурашат, - Арман ага жылмая карады, - Мен үйдөгүлөрдүн эң кенжесимин, апам эми төрөгөнү турганда эң улуу кызы ооруп жатып каза болуп кое электе апам толготуп калыптыр, ошентип мен төрөлүп атымды Арман деп коюшуптур, кызынын жаназасында болбогонуна, акыркы ирээт жүзүн бир көрүп калбаганына арман кылган экен, ошентип мен Арман болуп калыпмын, - деди күлүп.

- Демек апаңыз арман кылып отуруп койгон тура?

- Дал ошондой.

- Өкүнүчтүү...

- Мен андай деп ойлобойм.

- Эмне үчүн?

- Себеби бир баласын жоготсо бир бала таап албадыбы.

- А сен ошентип айтпадыңызбы?

- айтсам азыр күлүп калат, анткен менен ошол эжемдин ишин улантып жатпайынбы.

- Ал дагы психолог беле?

- Ошондой экен.

- Аа-а.

- Мен чоңойгондо атамдардан угуп атайын окубадымбы.

- Жакшы кылыпсыз.

- Азем.

- Угуп жатам.

- Сен деп эле айта берчи.

- Неге? - Азем ага күлүмсүрөй карады.

- Сиз дегенден көрө сен деген жакыныраак көрүнөт экен.

- Макул, мен жетип калдым.

- Ушул жердесиңби?

- Ооба, тигил үй агамдыкы, - Бийик дарбазалуу бышык кыштан салынган чоң үйдү сөөмөйү менен көрсөттү Азем.

- Жакын экенбиз да, менин үйүм ошондон төрт үй нары да.

- Чы-ынбы? - Азем жадырай күлүп койду.

- Ооба, коңшу экенбиз го?

- Чын эле, - Аземдин кабагы дароо бүркөлө түштү.

- Эмне болду Азем?

- Сиздин үй-бүлөөңүз бар да?

- Ооба, ата-энем менен агамдын бир уул, бир кызы биз менен турат.

- Аялыңызчы?

- Мен али бойдокмун.

- Ажырашып кеттиңиз беле?

- Азем мен деп эле айтчы бай болгур?

- Жарайт.

- Ажырашканга жетише элекмин.

- Кандайча, аялыңыз бар экен да анда?

- Үйлөнүп үлгүрө элек болсом ажырашууга кайдан...

- Эмнеге ушул кезге чейин...

- Картаң көрүнөмбү?

- Эми жөн айтам да.

- Жыйырма жетидемин Азем, окуу менен алек болуп убакыт өтүп кетип бара жатат.

- Туура, билим алуу ийне менен кудук казгандай деген экен, мейли мен ушул жерден эле түшүп калайын, антпесе жеңем билип эле калсабы такып жанды жейт, - деди Азем козголо.

- Макул, көрүшкөнчө Азем.

- Көрүшкөнчө, - Арман башын ийкей колун көтөрүп койду, кыз койкоңдой басып кетип бара жатты, Арман аны бир топко карап туруп: "Мында бир сыр бар, бирөөнү сүйүп калган же бир кыйнаган санаасы бар", - деп ойлонуп үйүн көздөй жөнөдү. Чынында Армандын эң биринчи сүйүүсү алдап кеткен эле, сүйлөшүп жүрүп эле бир күнү күйөөгө тийип кетти, артынан барган Арманга: "Мен муну тааныбайм", - деп кирип кеткен эле. Ошондон кийин ал кыздарды жек көрүп калган, өзү менен иштеген Жамал деген кыз айланчыктап андан бир гана сөз күтүп жүрөт, бирок ага Арман коллегасы катары гана карайт. Эртеси жумуш ордуна барса Жамал аны күтүп отуруптур, экөө учурашкандан кийин.

- Арман, мен сени күтүп жаттым эле, - деди Жамал.

- Жөн жай элеби?

- Бүгүн менин туулган күнүм, кечки алтыга үйгө кел.

- Конокторуң көппү? - деди Арман.

- Ата-энем бир туугандарым...

- Эмесе туулган күнүң кут болсун! - Арман кызды аста өөп койду.

- Рахмат, күтөм Арман, - деп Жамал чыгып кетти.

- Кызык, ата-энеси бир туугандары болсо мени эмнеге чакырды, же иштешкендерди чакырбаса, - деп сүйлөнө ийин куушуруп алып ордуна отурду, анан Аземди эстеди: "Кандай сыры бар болду экен, балким күйөөдөн чыккандар, же", Арман кандай божомолдоорун да билбеди, анан өз ишине алаксып кетти: "Эми Аземге кантип жолугаар экенмин", - деп тынчы кетип жатты. Азем дагы аны ойлонуп жатты, бирок ага негедир Мелис Акматовичти жакындай сезип ойлонуп калды, чынында ага дубанын касиети тийдиби аны көбүрөөк ойлоно баштады. Ошол учурда ал дагы көзүнө көрүнбөй жатты, чукчуңдап эч нерсе жакпай кыздар менен да сүйлөшпөй өзүнчө кыжаалат болуп бир жума өтүп кетти, ошол күнү Насыйкат деген кыз менен чыгып келе жаткан эле:

- Азем, сен башкача болуп кеттиң, - деди Насыйкат.

- Эмне болуптурмун? - Жактырбай чукчуңдай карады.

- Билбейм, мындай эмес болчусуң.

- Кандай элем? - Курбусун мыскылдагандай карады.

- Башкача кыз элең, сени кыйнаган бир ой бар го?

- Жок Насыйкат, менде эч кандай ой жок! - деп басып кетип жатып өзүн көздөй келе жаткан Мелис Акматовичти көрүп кубанып кетти да тездей басты:

- Кандай Азем кыз?

- Жакшы, өзүңүз...

- Баары жакшы, бир жакка баралыбы?

- Жо-ок, - Азем артын караса Насыйкат карап туруптур.

- Жүрү, жеткирип коеюн.

- Болбойт, кыздар күтүп турат.

- Алар кетет да.

- Ошолор кетсин, - деп дагы карады артын Азем.

- Тартына бербечи, алардын сени менен иши канча?

- Ушак кылышаары аштан бышык.

- Сулуу кыздардын артында ушак жүрбөсө болбойт, - Мелис Акматович күлүп койду.

- Коюңузчу? - Азем күлүп жер карады.

- Чын айтам, - деди ал, - Кана кеттик, - деп көзүн кыса унаанын эшигин ачты, - Отура гой сулуу кыз.

- Оой, мен өзүм эле кетет элем.

- Жок, болбойт чоң кыз, - дегенде эки жакты карап туруп анан унаага отурду, ал отураары менен унаа ордунан жылды, Мелис Акматович ага коробка шоколад сунду, - Муну сага атайын алганмын.

- Менин ширинге жакын эместигимди уктуңуз эле го?

- Ооз тий, бир аз жесең эч нерсе болбойт.

- Негизи шоколадды жакшы көрбөйм.

- Анда эмне жагат айтчы?

- Мен кычкыл алманы анан бананды жакшы көрөм.

- Оой анда мурун эле айтсаң болмок да.

- Сураган жоксуз, - Азем шоколаддан оозуна сала күлдү.

- Кечир, чын эле сурабапмын.

- Эч нерсе эмес, эми билесиз.

- Кечеги ресторанга баралыбы? - Кылчая карады.

- Баралы, бирок вино ичпейбиз.

- Жарайт, - деген Мелис Акматович: "Кайда бармак элең, акыры колума тиесиң да, дубанын күчүн көрөйүн, канчалык күчү бар экен", - деп ойлонуп алды. Байкабай шоколадды жеп бүтүп койгонун сезбеди:

- Сизге бербепмин го? - деп калган экөөнү сунду.

- Оо жаккан экен да, - Мелис Акматович жымыйып анын колунан алды.

- Өзүм дагы байкабай калдым, карасам ошол эле калыптыр, - Азем күлүп калды.

- Жакса жакшы, мындан ары алып берип турам.

- Мелис агай.

- Оов.

- Сиз өткөндө менин суроолорума жооп бербедиңиз.

- Кандай суроо?

- Менден эмне каалайсыз деги?

- Азем, келип калдык, кана түшөлү, - деп дагы сөздү буруп кетти.

- Тез эле келип калдыкпы? - Азем күлө унаадан түштү.

- Сени ааламды айлантып чыгам заматта, - деп күлө кызды колдон алды, - Кире гой.

- Рахмат, - Кирип орун алышты, ал күнү тамактын түрүн толтуруп алганы менен ичкилик ичилбеди, Мелис Акматович бул жолу үйүнө жеткирмек болду эле Азем болгон жок, баягыл аялдамага келип түшүп калды. Азем көңүлү көтөрүңкү, негедир өзүнөн-өзү эле ага тартылып бара жатканын сезбеди, бирок ага эмнеге тартылып бара жатканын билмек да эмес, аны кезиктирип каламбы деп, ошол жолугушуудан кийин дагы көрүп каламбы деп жүргөн Арман анын келгенин, ал тургай унаадан түшкөнүн, унаадагы адамдын улгайган адам экенин болгондо дагы профессор, академик Мелис Акматович экенин тааныды, анткени учурунда ал аны окуткан эле. Акырын унаадан түшүп Аземдин жанына келди:

- Салам сулуу кыз? - деди арка жагынан.

- Си-из, кайдан жүрөсүз? - Азем жарк эте карады.

- Жүрөгүм жоготконун издеп жүрөт, - деди Арман акырын.

- Аялдамаданбы?

- Ооба.

- Дайыма издейсизби?

- Азе-ем, экөөбүз сүйлөшпөдүк беле?

- Кечир, ар дайым ушул жерден күтөсүңбү?

- Бир жума болду.

- Чынбы?

- Ооба, кеттикпи?

- Кеттик, - Азем аялдабай макул болду.

- Адегенде чай ичели, бир сулуу кызды сыйлап коюу парз го?

- Жо-ок-жок, мен азыр эле тамактанып алганмын.

- Өзүңбү? - Арман кызды сынай карады.

- Аа-а ооба, өзүм...

- Анда мен ачкамын, кофе ичип алалы.

- Мен өзүм кете берейин, - Азем жер карады.

- Жок болбойт, бирге кетебиз, - деп Арман унаасына отурду, - Отур Азем.

- Рахмат.

- Эчтеке эмес, деги рахматты тоту куштай айтат экенсиң Азем.

- Эмнеге андай дейсиң, рахмат айтуу күнөөбү?

- Деги да, кайра-кайра рахмат айтуунун кереги эмне?

- Болуптур, экинчи унчукпайм.

- Кана, түшөлүк Азем.

- Мен отуруп турайын.

- Болбойт, - Арман кызды карап күлө өзү түштү да Азем отурган жакка келип эшикти ачты, ал азыр ачык сүйлөшкүсү келип турду, - Кана сулуу кыз, түшүңүз.

- Отуруп турмакмын, - деп кызарган Азем ага колун сунду, Экөө ээрчишип кирип орун алышты, Арман тамак заказ берип анан Аземге ойлуу карап көпкө отурду.

- Азем, бир суроо берсем болобу?

- Сура.

- Жигитиң барбы?

- Эмнеге сурадың?

- Жактырганың бардыр?

- Неге мындай суроо бердиң?

- Мисалы-ы, Мелис Акматович кимиң?

- Эмне-е? - Көзүн алайта карады.

- Чыныңды айтсаң.

- Бул эмне сурообу же айтууга милдеттүүмүнбү?

- Жок, каалабасаң жооп бербе.

- Аны кайдан тааныйсың?

- Ал киши менин агайым да.

- Аа-а, жөн эле таанышпыз.

- Макул сөз жок, - Арман өзүн кызыктай сезип унчукпай калды.

- Кайдан көрдүң?

- Ушуну менен экинчи жолу.

- Ооба, агай экөөбүз таанышпыз.

- Этият бол, ал киши шок эле, - Арман күлүп койду.

- Кандайча?

- Менимче анын мыйзамдуу аялы бирөө болсо мыйзамсызы эсеп жеткис.

- Анда эркек экен.

- Эмне?

- Силердей жаш жигиттер бир аялды мыйзамдаштыра албай жүрсө, аныкы көп экен.

- Сага ал киши жагып калган го?

- Менден ушуну сураганга алып келген болсоң анда мен кеттим, - Азем ордунан ачуулана туруп кетмек болгондо Арман карыдан алды.

- Кечир, эми сурабайм.

- Көңүлүм жок, кете берейинчи.

- Жо-ок, бирге кетебиз, - Алар тартышып турганда официант тамак алып келди:

- Аш болсун.

- Рахмат, - Арман кичи пейилдене ага жылмайды да Аземге кайрылды, - Отур эми.

- Сен ич, мен сыртта күтөм.

- Андай болбойт.

- Макул эми, Азем отуруп жер тиктеп калды.

- Ал Азем, тамактан алсаң.

- Мм, - Азем кашыкты колуна алды.

- Кечир Азем, мен сени капа кылайын деген ойдо эмес элем.

- Эчтеке эмес, болоор иш болду.

- Таарынбачы эми.

- Тамагыңды ич, кетүү керек.

- Жарайт, - Арман кызга карап коюп тамагын ичип алды да, - Кеттик, - деп ордунан турду. Экөө унаага отуруп көпкө сүйлөшпөй бара беришти, Азем өзүнчө кыжаалат: "Мен эмне болуп жатам деги жапжаш жигиттер турса картаң адамга тартылам, неге деги ал мага ким, ушундайда андан баш тартып кагышым керек, минтип жүрсөм жаманатты болуп калышым мүмкүн, көрсө ал жаш кыздарды өзүнө тартып алып максатына жеткен соң басып кететтир, мени дагы ошентип ойлоп жаткандыр, жо-ок мен анын кылтагына илинбейм", - деп ойлонуп бара жатканда Арман: "Эмнеге ушундай жакшынакай кыздар өзүнүн алданып жатканын билишпейт, ал кишинин абийири жок уятсыз тура, мен Аземди кантип анын кылтагынан куткарып кала алам, антпесе бул дагы анын курмандыгы болуп кийин өкүнүп калат", - деп ойлонуп жаткан, бир кезде:

- Мелис Акматовичтин балдары барбы? - деди Азем.

- Ооба, бир баласы мени менен тең.

- Канча балалуу?

- Мыйзамдуу аялынан беш баласын билем.

- Мыйзамсызынан дагы бала барбы? - Азем таңгала карады.

- Болбой койчу беле?

- Кызык экен.

- Ал сени сүйүп калгандан сообу?

- Жок-жок, жөн гана сыйлап жүрөт.

- Сыйдын артында кө-өп көз жаш бар...

- Кандай?

- Ыйлаган кыздарды көп көрдүм.

- Эмне деп?

- Менин бир курсташ кызым бар болчу.

- Анан.

- Ал абдан сулуу кыз эле, жигити дагы бар эле, ошол агайдын сабагынан өтпөй калды, ал акчасын алып жүгүрүп жүрсө дагы баа койбой коюптур.

- Эмнеге?

- Мен сени жактырып калдым, мени менен бир болсоң акырына чейин бааң жакшы болот деп.

- Арызданбайт беле?

- Арызданып эмне кыла алат?

- Абийирин ачса болбойт беле?

- Азем, сен эч нерсени билбейт турбайсыңбы, - Арман жол жээгине унааны токтотуп Аземге карап отурду, - Анын беделине эч ким дак келтире алган эмес.

- Кантип, кылмышы болсо делеби?

- Ооба, анткени ал кыздардын өзүнө жүктөп чыга берчү, өзү келди, мен ага тийген дагы жокмун, өзү кыз эмес экен, ар ким менен жүргөн кыз мени жаманатты кылып аброюма шек келтирип жатат деп.

- Кызык, врачтар текшербейби?

- Анын дагы алдын алып коет.

- Кантип, анан ал кыз эмне болду?

- Жигити таштап кетти, өзү окууну бүттү, баардык жагынан жардам берди, кызыгы анын ошондон бир баласы бар, азыр беште, өзү күйөөгө тийбей жүрөт.

- кызык, - Азем ойлуу жолду карап отуруп калды, бир кезде өзү дагы андан балалуу болуп алып бир кадам жыла албай калаарын ал сезбеди: "Мен эч качан анын колуна түшпөйм, эч качан", - деп ойлонуп жатты. Бирок тагдыр деген ар бир адамдын оюндагыдай болсо кана атаганат, ал билинбестен эбак эле анын кылтагына илингенин сезбеди. Ал тургай ал ушул кезден баштап эле анын артынан киши коюп кадамын аңдытып койгонун билген жок.

- Кыскасы менин өз көзүм менен көргөнүм ушул, укканым бир топ, калганын өзүң бил, - деп Арман унаасын от алдырып жөнөй берди, Азем үн дебей кетип бара жатып:

- Мен түшүп калайын, - деди, көрсө үйүнө жетип калган экен, - Жакшы бар.

- Жакшы, көрүшкөнчө Азем.

- Көрүшкөнчө, - деп кыз басып бара жатканда Арман жандай айдап бара жатып:

- Эми качан жолугабыз? - деди.

- Жолугууга кажет жок.

- Неге?

- Айтуу кыйын.

- Азем, бир жолугалы, же үйүңө киши жиберейинби?

- Мазактаба.

- Мазак эмес, чыным.

- Койчу, - деп Азем ылдамдай басып дарбазадан кирип кетти, аны терезеден Айжан жеңеси көрүп турган эле, Аземдин киргенин көрүп алдынан чыкты:

- Биздин кызга ашыктар пайда болгон го?

- Коюңузчу жеңе, кайдагы ашык? - Азем сиркеси суу көтөрбөй бөлмөсүнө кирип кетмек болду:

- Мен бул жигитти билем, - деди Айжан күлүп.

- Кайсы? - Азем жеңесине бурулду.

- Жанагы, сени жеткирген жигит, өзү врач бизге коңшу.

- Болсо болгондур.

- Жаман жигит эмес.

- Жеңе-е.

- Сенин турмушка чыгаар кезиң келди кызыке.

- А мен али деп ойлойм.

- Мен сендейимде Санатты төрөп алганмын.

- Эмне кылайын? - Чукчуңдай кирип кетти, Айжан жылмая туруп калды: "Жаңы таанышса керек, жакшы жигит, андан ашыкка тиймек беле, баарын даярдап берип багып алаарына көзүм жетет, демек эптеп берүү керек", - деп ойлонуп калды. Ошондон көп өтпөй окуу жылы аяктап Азем районго келди, бул кезде таежеси пенсияда болчу, канчалаган историяларды издетти, бирок өзү туулган күнү төрөгөн аялдардын балдары өзүнө, же өлгөн, же уул болуп врач менен сүйлөшүп отурду.

- Эжеке, суранам сизден, менин төрөгөн энемдин дарегин таап бериңизчи.

- Эмнеге, баккан ата-энең жакшы карабайбы?

- Кеп анда эмес, эмнеге таштап кеткенин билгим келет.

- Табуу кыйын, ал үчүн ошол кезде иштеген врач менен акушерканы табууңа туура келет, - деди гинеколог ага алакан жая.

- Кандай болсо да таап бериңизчи, мен баарына макулмун, сураган суммаңызды аласыз, - деди Азем ага жалдырай карап.

- Аракет кылып көрөм, бирок табылбаса арга жок.

- Менин сизге алкышым чексиз эже, ошентип көрүңүз.

- Жарайт, бирок сен мага төрөгөн аялдын фамилиясын айтсаң оңой болмок, мисалы кээ бир балдарды багып алып, энеси карабай кеткендерди өлдү деп коюшу мүмкүн, так билүүң керек.

- Баланы өлгөн деп коюшу мүмкүнбү?

- Албетте, жоопкерчилик деген бар да, негизи издеп келип сурагандар жокко эсе болбойт дагы, - деги врач гинеколог ага ийин куушура.

- Макул, мен билгенге аракет кылам, - Азем сабыры суз ыйлагысы келип төрөтканадан чыкты: "Неге, неге мени таштап кеттиң экен, же ошого мажбур белең, жөн гана бир көрүп мени төрөгөн аялдын кандай аял экенин билсем болду эле, эч качан өз апам менен алмаштырбайм дечи, алардын мени кандай бакканын кантип унутмакмын, болгону бир көрсөм", - деп көзүнө жаш кылгыра басып бара жатып айылга кетчү аялдамага келип таксиге отурду. Аны көрүп Жамал кубанганынан көзүнө жаш алып башынан суу айлантып чачып өзүнчө эле эбелек-чебелек түшүп жатты:

- Кызым, арыктап кетипсиң, ооруп жүргөн жоксуңбу?

- Жок апа, сопсоо элемин, - Азем күлүп апасынын көкүрөгүнө башын жөлөдү: "Мен өз апамды тапсам ушинтип эркелей аламбы", - деп ойлоп ийди.

- Өңүңдөн азып кетипсиң кызым.

- Атам жок беле?

- Атаң мектепке кеткен кызым.

- Мектеп тарабадыбы?

- Тараган, атаңдын бир жумушу бар экен.

- Аа-а, - деп көпкө унчукпай калды да, - Апа бирдеме сурайынбы? - деди.

- Сурай гой кызым, - Жамал эчтеке оюнда жок эле мээримин төгө карады.

- Мени кечириңизчи апа...

- Эмне болду кызым?

- Мени төрөгөн аял ким экенин билбейсизби?

- Эмне?! - Жамал чоочуп кетип кайра эсине келе калды: "Ушундай болоорун билгем, акыры сурамак, баккан бала ушул экен да", - деп оор дем ала көпкө үн катпай отуруп калды:

- Апа, мени кечирчи, жүрөгүңүздү оорутамбы деп он үч жашымдан бери унчукпай келе жатам, чыдай албай кеттим апа, - дегенде Жамал аны акырын сүйөй өйдө кылып бооруна кысты, ал дагы ыйлап турган эле, - Кечире көр апа?!

- Кой кызым, ал кечирим сурагыдай сенде кайсы күнөө? - Жүзүнөн өөп бооруна бекем кысып чачынан жыттады, - Эркем, сенде эмне күнөө, күнөө бизде, сени билбейт деп жүргөн, пендебиз да чиркин, көрсө сен ушунча жыл бою санаа тартып ойлонуп жүргөн экенсиң да, сен бизди кечир кызым.

- Сиз кантип багып алдыңыз эле?

- Биз төрт уулдуу болуп кызыбыз жок эле, анан таежең Коймол бир жаш кыз төрөгөндөн кийин таштап кеткенин айтып келди, мен барып көрүп сени жактырып багып алганмын кызым.

- Ким экенин билбейсизби?

- Жаңылбасам аты Алымкан дегендей болгон, башкасын билбейм.

- Аты Алымкан беле?

- Ошондой деп укканмын.

- Төрөлгөн күнүм такпы?

- Жок, биз багып алган күндөн жазылган, сен ошондо он күндүк наристе элең...

- Кызым келип калган го? - деп Самарбек кирип келип экөөнүн ыйлап отурганын көрүп туруп калды, - Эмне болду силерге?

- Эчтеке, кызым экөөбүз сагынышып калыппыз, - деди Жамал.

- Ата! - Азем атасын кучактап алып көпкө ыйлады.

- Кой кызым, эми сен бой жетпедиңби, ыйлаба садагам, - Самарбек бир нерсени сезгендей кызын кучактап туруп чачынан жыттап аялына эмне болду дегендей кашын көтөрө ымдады эле ал башын чайкап койду, - Али секелек эле бойдонсуң да кызым, кандай окууларың жакшыбы?

- Жакшы эле, - Азем өзүн кармай атасынын кучагынан бошонуп жашын аарчый күлүмсүрөдү, - Баары жакшы ата, өзүңүз кандайсыз?

- Шүгүр кызым, кудай деп силердин амандыгыңарды тилеп отурабыз.

- Сагынып кеттим ата.

- Тентек десе, али секелек элесиң кызым, кемпир кызыма бүгүнчө тигил оокатты ас, эртең козу союп берем, - деди бакылдап Самарбек.

- Мен өзүм эле жасайм, - деп Азем жаркылдай күлдү.

- Сен эс ал кызым, алы күчүм бар, тамак ашты жасаганга али күүлүүмүн, - деп Жамал күлүп калды.

- Жеңемдер каякка кетти эле?

- Төркүнүнө кеткен, балдары менен жайлоого барабыз дейт.

- Аа-а, - Азем унчукпай калды. Азем эки гана күн турду, анан кетмек болгондо Самарбек мал сатып акчасын белендеп берип жөнөтүштү. Ал дароо эле райондук төрөтканага келип дагы издетти, бир Алымкан дегенди тапса анын жашы өйдө, төрөгөнү эркек, күйөөсү бер экен, андан кийин дагы төрөгөнүн билди. Бирок ошол кезде жаш кыздын төрөгөнү жөнүндө маалымат болбоду. Азем аргасыз шаарга жөнөп кетти, анткени анын издегени текке кеткендей болду, кыжаалат болуп кетип бара жатып: "Деги барбы ал аял, неге мени таштоого аргасыз болду экен, таба аламбы аны, ушундан көрө укпай эле койсом болмок экен, кайдан дагы айта койду, бакма экенимди укпаганда тынч жашай берет элем го, ата-энемдин да жүрөгүн ооруттум, атам укса эмне дейт", - деп ойлонуп шаарга жетти. Төлөбай ошол кезде үйдө болчу, Айжан ашканада эле:

- Ой эмне болду, тез эле келип калдыңбы? - деди Айжан.

- Ооба, көбүрөөк окушум керек.

- Атамдар кандай жатат? - деди Төлөбай, анын колунда жаңыдан чыгып жаткан Нургүлдүн китеби бар эле, - Тынч жатышабы?

- Ооба, эмне китеп окуп жатасыз? - Азем анын колундагы китепке карады.

- Бул жаңы жазып жаткан автор экен, окуп жатам, - деди Төлөбай.

- Сизге жагып калдыбы?

- Ооба, - Төлөбай үн дебей китепти ары коюп карындашына бурулду, - Жоролор үйдө бекен, балдары чоңоюп жатыптырбы?

- Баары жакшы, - Азем алынын жетишинче маанайы ачык көрүнгүсү келип күлдү, -Атамдар салам айтышты, - Толкунду эки бетинен өөп-өөп алды, - Чоң атаңдардын салам дубасы, балдарды өөп кой деген.

- Мен дагы барып келсем болмок, - деди Самат.

- Барганда эмне, чаң-топурак болуп келесиңер, - деди Айжан.

- Айжан, ата-энем бизди чаңга жолоткон эмес, бул эмнең? - деди Төлөбай.

- Ой өздөрү ээнбаш, кары кишилерге ээ бербей ойнойт да.

- Ойносо ойнойт да, ата-энеме тил тийгизбе.

- Болуптур эми атакеси, менин аларга тил тийгизейин деген деле оюм жок, деген Айжан кызаңдай ашканасына чыкты.

- Ата, чоң атамдарга качан барабыз? - деди Самат.

- Барып келбейлиби ата, - деп Санат дагы бир жагынан чыкты, бири он төрт, бири он эки жаштагы уул балдар чоң аталарына барганды жакшы көрүшчү, ага Айжан каршы, такыр кайнаталарына жөнөткүсү келбейт. Төлөбай аялынан чыга алчу эмес, анын айтканы айткан болчу. Кичүүсү кыз, Толкун сегиз жашта, окууга кеткенде телевизор же мультфилим көрүп үйдөн чыкпай отура берет. Азем алып келген козунун этин салып тамактанып отурушту. Эртеси Азем китепканага барып келмек болуп үйдөн чыкты, башын жерге салып: "Кантип табуум керек, канткенде дарегин билем, неге аны көргүм келет, сураштырбай эле тынч жашай берсем эмне болот, деги ушуну кайдан уктум эле", - деп өзүн алаксытып ойдон арылмакка эки жакка көз салгысы келип жаздын акыркы айларынын демин ичине тартып терең дем алып алды, ошол учурда анын жанына унаа келип кыйч этип токтоп калды.

- Кандайсың Азем?

- Жакшы, сен кандайсың?

- Ойдогудай, кайда жөнөдүң?

- Республикалык китепканагабы?

- Ооба.

- Кеттик, кана отур.

- Сен ал жакка барасыңбы?

- Албетте, кээде китепканага барып калам.

- Кызык, - Азем салонго отурду.

- Эмнеси кызык?

- Окууну бүтүп иштеп жатканда деле...

- Аа-а, мен адамдын психологиясы жөнүндө жактоо иш жазып жатканмын.

- Оо илимпоз болосуңбу?

- Аракетим бар.

- Эң жакшы, а иштериң кандай?

- Жакшы, кечээ мага бир оорулуу аялды алып келишти.

- Эмнеси ооруйт экен?

- Ооруканага жаткырдык, жакшынакай туруп эле менин балам кайда, каякка алып кеттиңер, мага баламды бергиле деп кыйкырып жатып эси ооп калып жатат.

- Кай жерлик экен?

- Ысык-Атадан болот экен, күйөөсү да бар, бирок төрөбөптүр.

- Аты-жөнү ким экен? - Азем Арманды үмүттүү карады.

- Гүлнара, Касымова Гүлнара.

- Аа-а, - деп Аземдин деми сууй түштү.

- Неге сурадың?

- Жөн.

- Жүзүң өзгөрүп кетти го?

- Чынбы? - Азем күлүп эч нерсе болбогондой карап койду.

- Ооба, негедир көзүңдө бир сыр жаткандай болуп турат.

- Кантип эле, менде сыр да, ой да жок, ата-энем бар, бир туугандарым болсо аман-эсен, - Азем кызыктай болуп кетти, - Ички сырды билчү жайың бар го?

- Адамдын жүзүнөн билсе болот, - деп Арман күлүп койду.

- Кадырың жан болсун, кадимкидей элемин.

- Ошондой болот деп үмүттөнөм.

- Жумушуңа барбайсыңбы?

- Бүгүн менин кезегим эмес.

- Аа-а.

- Келдик, - деп Арман Аземди карап күлүп койду да унаадан түшүп ал жакка келди, - Жүрүңүз чоң кыз, бир аз мээ сергитип алалы.

- Кереги жок эле.

- Мындай болбойт, - Колун созду.

- Макул эми, - Азем ага колун берип түшүп аны менен ээрчише кафеге кирди, алар көпкө отуруп тамактанышты, аларды бурчта отурган адам көз албай карап отурганын байкашкан жок, ал Мелис Акматовичтин койгон адамы эле, кайда болсо дагы анын изине түшүп таап алат, Аземдин кайда барып, ким менен сүйлөшкөнүн байкап туруп ага телефон чалат.

- Азем, сени кыйнаган бир ой бар.

- Андай эч нерсе жок.

- Өзүң бил, бирок жашырган сыр байкатпай тийген октон жаман, ооруга алып келет Азем, - деди Аземге ойлуу тигилген Арман.

- Бирок айтканда жеңилдетээр нерсе барбы? - Азем үстөлгө өбөктөй калып ага тигиле карады, - Кандай дарт болсо дагы дабаасы болобу?

- Эмнеге болбосун болот, - деп тайсалдай карады Арман.

- Жакшы экен, - Азем өзүн кыйнаган суроону берди, - Эгерде төрөлөөрүң менен сени кимдир бирөөлөр багып алса, аны сен кийин угуп калсаң кандай кылаар элең?

- Түшүнбөдүм.

- Мен дал ушул суроого жооп таба албай жүрөм.

- Сенби, сени багып алышты беле?

- Ооба, мен бакма кызмын.

- Ата-энең эмне дейт?

- Алар билбейт, - Азем ойлуу, көз жашын мөлтүлдөтүп отуруп айтып берди, - Мени кызыктырганы эмнеге таштап кеткени Арман, балким оорукчандыр, же алданып калдыбы, же жөн эле баш тарткандыр, ошону билгим келет.

- Капаланба, мындай тагдыр сенин эле башыңда эмес, миңдеп жатат, - Арман кызды сооротмок болду, кой ыйлаба сулуу кыз.

- Жок, мен канча жолу ойлондум, эстебейин дедим бирок жүрөгүмдө туңгуюк сыр мени тынч алдырбай кыйнап туруп алды, болбосо ата-энемдин мени бакканына нааразы эмесмин, өз баласындай өстүрдү, алардын дагы жүрөгүн ооруттум, мен деги кандай жанмын, неге аны билгим келет өзүм дагы билбейм! - Азем ушул кезде кармана албай буркурап жиберди.

- Азем, кой эми ыйлаба, - Арман эмне кылаарын билбей анын жанына келип кучактады эле ал ага жөлөнүп алып боздоп турду, - Кой Азем, кой эми, элдер карап калды, - деп аны акырын өйдө кылды да сыртка алып жөнөдү, унаага отургузуп коюп өзү эсептешип чыкты да айдап жөнөп жол четине токтотту.

- Кечир, кечирип койчу Арман.

- Кечиргидей күнөөң жок, кана өзүңө келдиңби?

- Ооба.

- Жакшы, эми өзүңдү карма, ооруп каласың.

- Билбейм, күнү-түнү бир гана: "Менин энем ким болгон, сойкубу же оорукчанбы, же алданып калган шордуубу", - ошону биле албай башым маң, - Азем улутунуп алды.

- Балким ошондой аргасыз жагдай болгондур?

- Кайдан билем?

- Аты-жөнүн билесиңби?

- Аты Алымкан имиш, так биле албадым.

- Издеттиңби?

- Ооба, картасы так эмес.

- Кандайча, андай болууга тийиш эмес.

- Историялары жок.

- Кызык, анда аны бирөө атайын жок кылып койгон.

- Кантип?

- Кийин таба албай калсын дегендир.

- Неге, неге андай кылышат, мен бир көрүп, мени эмнеге таштаганын сурап эле өз жолун менен кетмекмин, - Азем кайрадан ыйлап кирди.

- Андай болбойт да Азем.

- Эмнеге?

- Сен өзүңдү төрөгөн аялды көрөсүң, сүйлөшкөндө ал сени неге таштаганын билсең биротоло боор тартып таштай албай каласың. - деп Арман ага карап ишендирип жатты.

- Мен антмек эмесмин.

- Болуптур эми, сен эстүү кызсың, балким табылып калаар...

- Ошол үмүт мени жетелеген сайын өзүмдү жеп жатпайынбы?

- Үмүт жакшы, а санаа жаман.

- Кандай кылсам экен?

- Балким аты-жөнү так болгондо табуу оңой эле...

- Ооба, ошондой болмок, апам атын эле билет экен да.

- Мага бир ой келди.

- Кандай?

- Ошол райондун айылдарынын 18-20 жашка чейинки Алымкан дегендерин издетсекчи? - Арман кызды суроолуу карады.

- Кантип?

- Ошол сен төрөлгөн жылы он сегизден жыйырмага чейинкилерин тизмектеп алып анан төрөтканадан издөө керек.

- Менимче бул деле үмүтсүз.

- Анда кандай кылуу керек?

- Билбей калдым өзүм дагы.

- Капаланба, бир жолун табабыз.

- Чындап эле сен жардам бересиңби?

- Ооба, - Арман күлө карады, - Болобу?

- Болот, сага рахмат.

- Эмесе5 биринчи күнү мен отпускага чыгам, ошондо экөөбүз чогуу издейбиз макулбу?

- Макул.

- Эмесе сен кайда барасың, үйгөбү?

- Мен китепканага барышым керек.

- Жарайт, мен ошол жерден саат беште алып кетем, - деп Арман саатын карап койду да унааны ордунан жылдырды, Аземди китепканага жеткирип анан кайра өз жумушуна кетип бара жатып: "Кызык, бакма кыз тура, апасын издегенин кара, ал эми табылат болду бекен", - деп ойлонуп өз жумушуна келди. Ал келсе Жаңыл отуруптур.

- Салам, - деди ал жылмая.

- Салам, иш кандай?

- Баары жакшы.

- Али күйөөгө тийбей кара далы болуп калдың го? - Арман аны тамашалай халатын кийип жатып күлдү.

- Сен качан үйлөнсөң мен карадалы болбой калам.

- Менин канда тиешем бар?

- Сен дагы эркектин кара далысы болуп бара жатасың.

- Эркектики билинбейт, кааласам эртең эле үйлөнүп алам.

- Кана анда мелдешебиз.

- Эмне деп?

- Сен айт.

- Макул, - Арман ойлонуп калды, - Эмне деп мелдешебиз?

- Сен аял алган күнү мен эрге тийем.

- Ой койсоңчу, башкача болсун.

- Анда мен биринчи тийсем сен мага бир алтын алып бересиң.

- Жарайт, менден кийин калсаң сен алып бересиң.

- Сөз жок, - Экөө кол алыша кетти, Арман үстөлүнө ойлуу отуруп калды, анын эси дартынын баары эле Аземде болуп калган, аны көрбөй калса кадимкидей санаа басчу болду, кызды зордоп эле алып кеткиси келет, бирок отурбай уят кылабы деп ойлонуп эмнеси болсо дагы ачык айткысы келип турду. Жаңыл аны жактырат, бирок ага Арман маани деле бербейт, чогуу иштешкени катары карап тамашалашканы болбосо аны жактырбайт деле. Кыз бечара ага жан тартып, бир нерсе болсо ага келип кеңешип, сурап жаны калбайт, бир сөз айтабы деген үмүтү чоң. Азем кечке китепканада болду, бир кезде Азем китеп окуп отурса маңдайында Мелис Акматович пайда болду:

- Кандай сулуу кыз?

- Сиз...

- Ооба, мен бул жерге жумуш менен келгем, сени көрүп калдым.

- Аа-а, - деп Азем андан көзүн ала качып китепке үңүлдү.

- Кетпейт белең?

- Жо-ок жок, дагы бир топ отурам го.

- Мейли, - Мелис Акматович унчукпай басып кетти.

- Өх, - деп алды Азем, кайдан келди эле... Ошол бойдон окууга көңүлү келбей ойлонуп отуруп анан китепканадан китеп алмак болуп жазылып кетмек болуп саатын караса үч болуптур: "Дагы эки саат бар тура", - деп алып кайра барактап кирди, эч нерсе оюна келбеди, кайрадан узун санаанын сазына батып отуруп уйкусу келип кетти, ар-бери басып китептерди көрүп жүрдү, улам саатты карап коюп жүрө берди, мындайда убакыттын өтмөгү дагы тозок тура. Бир кезде шашыла чыгып окуп жаткан китепти жазылып алды да шашыла сыртка чыгып эки жакты элеңдей карап турганда:

- Азе-ем! - деген Армандын үнү угулду, эки жакты карап туруп калганда:

- Азем, сен мени күтпөдүңбү? - деп Мелис Акматович чыга калды:

- Жо-ок, - Азем кызыктай болуп кетти, - Эч кимди күткөнүм жок.

- Анда кеттик, эртеден бери ачка болгондурсуң.

- А жо-ок-жок, мен маршрутканы күтүп жаттым эле...

- Мейли, үйгө жеткирип коеюн.

- Жок тим эле коюңуз, - деген кыз аны менен катар басып бара жатканын сезип тык токтой калды, - Мен азыр маршруткага түшөм, - деди шашыла жол боюн көздөй басып.

- Азем!

- Жок! - Жүгүрүп бара жатып тык токтоду, аркы жолдун четине Арман келип токтоп калган эле, - ай кудай ай, эми кайда барам? - деп айласын таппай калганда жанына Мелис Акматович келип токтоду:

- Түш Азем!

- Сиз мага эмнеге буйрук бересиз? - деп чырт эте карады.

- Түш, алып барып коем!

- Жок, мени зордой албайсыз! - деген менен аны менен кеткиси келип турду, анан жол ортосу менен өтүп бара жатканда бир машина уруп кете жаздап токтоду, Азем көзүн жума калды:

- Эй кыз, көзүңдү карабайсыңбы? - деген шопур сөгүнүп өтүп кетти, ошол кезде ага тигил өйүздөн Арман жете келди, тигил жагынан Мелис Акматович келе жаткан эле ал экөө бири-бирин тиктешип калды:

- Кетеличи Арман, - деди кыз аны колтуктай калып.

- Кетебиз, албетте кетебиз, - Арман аны ары алып өтүп кетти, Аземдин өңү бозоруп мууну калтыраганы басылбай унаага отурду, Арман ага суу ичирди, - Эс алып калдыңбы? - деди анан.

- Ооба, эс алдым, тезирээк кетеличи Арман.

- Мына кеттик, - Арман унааны ордунан жылдырып кетти, жини келгенинен жүзү кубарган Мелис Акматович рулун бир муштап алды:

- Сага көрсөтпөсөм элеби балакай?

- Ачууланбаңыз, мен алардын артынан кеттим, - деди жанындагы неме.

- Эч нерсе колуңдан келбейт, акчаны алганыңдай иш кыл!

- Жарайт шеф! - деп тигил өз унаасына түшүп жөнөдү, Арман Аземди унаага отургузуп алып бир кафеге келишти.

- Ачка болгондурсуң, тамактанып алалы.

- Эчтеке ичким келбейт Арман.

- Тигил сени коркуттубу?

- Ким?

- Мелис Акматович.

- Сен аны көрдүңбү?

- Ооба.

- Ушул кишиден тажадым.

- Андан кутулуунун бир гана жолу бар.

- Кандай?

- Күйөөгө чыгып кетсең кутуласың.

- Эмнеге, андан башка жол жокпу?

- Ал эми сенин артыңа киши коюп коет.

- Кантип?

- Ал ошондой тажаал адам.

- Ата-энеме айтсамчы?

- Алар эмне кыла алат, баары бир суудан кургак чыгат дебедимби.

- Үйдөн такыр чыкпай койсомчу?

- Баары бир окууга барасың да.

- Анда окууну таштап биротоло кетем.

- Анда үйүңө чейин барат.

- Эмне кылуум керек анан?

- Айттым го?

- Кимге, мени ал деп кимге барам? - Азем аргасыз күлдү.

- Мен турбайынбы?

- Койчу Арман, ортобузда эч нерсе жок кантип жашамак элек? - Азем жактырбагандай сыртты карады.

- Мисалы мен сени жактырам.

- Болбойт.

- Кийин өкүнүп калба.

- Өкүнгөндө көрөөрмүн.

- Анда кеч болуп калат.

- Арман, кетебизби же отура беребизби? - Азем аны ызалуу карады.

- Тамактанып алалы.

- Менин ичким келбейт.

- Мейли анда үйгө кеттик, - Арман унаасын айдап жөнөдү. Аны үйүнө жеткирип ары карай кетип бара жатып бир унаа аларды карап турганын көрдү да айланып келип караса дале турат, номурун карап алып акырын кетип калды. Азем көп күнгө чейин үйдөн чыкпады, Арман бир күнү ата-энесин алардыкына жиберди, бирок Азем болбой койгонун угуп Арман ызаланып калды. Аземди Айжан айтса дагы болбоду, бирок анын тагдыры аз күндүн ичинде эле таптакыр өзгөрөөрүн ал сезбеди, үйдөн чыкпай көпкө жүрүп бир күнү чыкты, ал кайрадан айылга барып райондон Арман айткандай эле издетмек болуп жөнөдү, ал таксиге отуруп кетип бара жаткан, жанындагы аял ага суроо узатып сүйлөшүп кетип бара жаткан эле. Кызыга сураса дал ошол өзү издеген айылдан болуп чыкты, кубанып кеткен Азем издеген адамын сурады:

- Сиз алтымыш жети, алтымыш сегизинчи жылы туулган Алымкан дегенди билбейсизби?

- Күйөөсү барбы?

- Билбейм, ошол айылдык болоорун билем.

- Айтыңызчы, ал кандай аял?

- Алымкан жакшы эле аял, бирок мени айтты дебе.

- Макул, - Азем кубана дарегин жазып алды.

- Сен эмнеге аны издеп жүрөсүң кызым?

- Керек эле, балдары барбы?

- Ооба, бир кыз бир уулу бар, күйөөсү жок.

- Эмне болду эле?

- Ажырашып кеткен, өзү оорукчан болуп калды.

- Эмнеси ооруйт?

- Жүрөгү ооруйт имиш, мен сыртынан эле тааныйм.

- Рахмат сизге, жетип да калдык, - Азем ага ыраазылык билдирип таксиден түшүп жөнөдү. Эми ал токтоло албайт эле, өзүн төрөгөн аялды көргүсү келип турду, кечки саат алтыларда Алымкан жашаган үйдүн алдында турду, жүрөгү бир башкача согуп өзүнчө эле мууну калтырап дарбазаны какты, ошол убакта он бештердеги уул бала чыга калды:

- Сизге ким керек?

- Алымкан деген аял ушул үйдө турабы?

- Ооба, сиз кимсиз?

- Чакырып коесуңбу? - деген Азем кайра ага кайрылды, - Сен кимиси болосуң?

- Алымкандын баласымын.

- Жакшы экен, - Жылмайып алды Азем.

- Ким экен ал? - Арыкчырай аял чыгып келе жатты, - Сен кимсиң? - деди жете келип, - Кирбейсиңби кызым үйгө.

- Жок, сиз менен жеке сүйлөшүүм керек, - Азем анын жанындагы бала менен ондордогу кызды карап койду, - Сиздин атыңыз Алымканбы?

- Ооба, эмнеге жеке?

- Мүмкүн болсо жеке отуруп сүйлөшсөк болмок.

- Силер үйгө киргиле, - деди тигил аял балдарына карай.

- Апа...

- Баргыла үйгө, бул догдур тура, сүйлөшөйүн.

- Маку-ул, - деп экөө тең үйүн көздөй басып кетишти.

- Айта бер, кандай сөзүң бар эле?

- Мындай жагдайда сүйлөшүү кыйын, бирок ошондой болсо да сизден суроого акым бар эже, - Азем аны тигиле карады, - Сиздин мындан жыйырма жыл мурун төрөгөн кызыңыз эсиңиздеби? - Көздөрүнө тике караганда ал аял таңгала аны көз айрыбай карап туруп:

- Эмне дегиң келет, деги өзүң кимсиң? - деди.

- Эсиңиздеби же унуттуңузбу?!

- Жок, эсимде жок! - Алымкан терс карап кетти, бирок ийиндери солкулдап ыйлап жатканы көрүнүп турду.

- Жооп бериңиз, атасыз төрөдүңүз беле?!

- Жо-ок! - Алымкан дароо бурулду, - Сурак бергидей сен кимсиң?

- Мен ошол төрөтканага сиз таштап кеткен кызмын!

- Калп! - деди ал, жашы жүзүн жууп турган эле, - Аны кийин барсам өлдү деген.

- Жалган, мен өлгөн эмесмин, издеп келип жаныңда турам.

- Жок-жок, бул жалган! - деген Алымкан ага жакындады, - Калп дечи, калп дечи кызым, - деп жыгылып бара жатты, эсинен танып бара жаткан эле.

- Эже! - Азем аны кармап калды.

- Апа, апама эмне болду? - деген чоңураак бала аңдып тургандай жүгүрүп келди, - Сиз апама эмне дедиңиз? - Аземди жаман көрө карады.

- Мен эчтеке дебедим, сүйлөшүп турганда эсинен танды.

- Калп, сиз жаман сөз айттыңыз, болбосо мындай болмок эмес! - деп кызы менен уулу апасын кучактап ыйлап жатканда Аземдин дагы көзүнөн жаш куюлуп кетти.

- Жүрү, үйгө киргизели, - деп тургузуп жетелеп жөнөгөндө Алымкан көзүн ачты:

- Мен жакшымын, - деди ал, Атың ким кызым?

- Азем...

- Мени кечир... Аз-зе-ем...

- Эмнеге андан кечирим сурайсың апа, ал сени оорутуп койду, - деди уулу текилдеп.

- Курман, Айнаш, кой балдарым антпегиле, - деп кайра Аземге кайрылды, - Үйгө кирсеңчи Азем.

- Сиз жакшы элесизби?

- Жакшымын, кире гой үйгө.

- Эгерде сиз жакшы болсоңуз мен кеттим, дагы келем, - Азем ушинтти да артына бурулуп жөнөй берди.

- Аз-зе-ем! - деген үн артынан угулду, бирок кайрылбай кетип калды. Азем таксиде келе жатып көз алдына өңү азгын арыкчырай аял тартылып: "Демек начар жашашат тура, балдары дагы жаш экен, кантип оокат кылып жашашат болду экен, же бизнеси болбосо, пенсия алган күндө дагы жетпейт, пенсияга чыга турган боло элек экен, ай кудай ай, бир санаадан арылам деп экинчисин тарта турган болдум, көрбөй койсом болмок, эми кантем", - деп ойлонуп кетип жатты.

Шаарга эртеси келип жан дүйнөсүнүн жабыркаганын эч жанга билгизгиси келбей алынын жетишинче көңүлдүү да кадимкисиндей көрүнгүсү келет, Айжан анысын билип койду, бирок эн дебеди. Үйдөн чыкпай отуруп алды эле:

- Азем, китепканага барбайсыңбы? - деди.

- Жок, китепти алып келип алгам.

- Көңүлүң неге чөгүп жүрөт?

- Чөкпөй элемин.

- Мен байкап жүрөм, бир мазалуу ой бар сенде.

- Койчу жеңе, кылдан кыйкым табасыз да.

- Койбой эле, Арман жакшы жигит, бекер кылдың.

- Ошону уккум келбейт, ошону кеп кылбаңызчы.

- Эмнеге? - Айжан күлүмсүрөй карады.

- Ошого? - Бурк эте бөлмөсүн кирип кетти.

- Өзүң бил, жаңылганыңды билген кезде бармагыңды тиштээрсиң.

- Эмне болду? - Төлөбай кирди.

- Эчтеке.

- Азем үйдөбү?

- Ооба, бөлмөсүндө го.

- Үйгө конок келет, аны даярданып тур де.

- Эмнеге? - Айжан күйөөсүн элээ карады.

- Бир дос келет, инисине Аземди көрсөтөлү дейт.

- Кайсы...

- Нурлан.

- Ой иниси Нурданбы?

- Ооба.

- Сонун жигит, жогорку билимдүү, - Айжан күлүп койду.

- Ошол, Азем эмне дээр экен?

- Ошол кыз деги ырыс кыйды кыз, эмнеге жакшынакай жигиттерден баш тартат билбейм, деги каалаганы эмне бул кыздын? - Айжан ушинткенде Төлөбай ачуулана карады.

- Болду, Азем укса капа болот.

- Болсо болоор, бетине деле айтам.

- Камынбайсыңбы эми, кечкиге келебиз дешти.

- Жарайт, ханыша кызыбыз жигитке жагып калса ажеп эмес, - Айжан күлүп коюп ашканасына кирип конок камын көрө баштады, Төлөбай карындашынын бөлмөсүн тыкылдатты.

- Азем, Азем ойгосуңбу?

- Аке, эмне болду? - Азем эшикти ача койду.

- Жүрү сүйлөшөбүз.

- Кандай сөз аке?

- Сөз бар, - Төлөбай ары кайрылды, - Кел биякка.

- Макул, азыр барам, - деген Азем кийине калып агасынын артынан келди, - Угуп жатам.

- Азем, сен эми чоңойдуң, бойго да жеттиң, бүгүн бизге конок келет, сени көргөнү.

- Аке-е.

- Ук мени, атамдарсыз берип ийбейм, сага жакса болду.

- Мага азыр кереги жок аке.

- Көр, сени кыйнабайбыз.

- Макул, - деди Азем, анткени бир сүйлөгөн агасынын мүнөзүн билет, дагы бир нерсе десе катуу айтып коюшу мүмкүн.

- Ошент, сен каалабасаң биз дагы каршы болбойбуз.

- Жарайт аке, - деп Азем ордунан туруп бөлмөсүнө жөнөдү, ал өзүн жасап түзөгүсү келбеди, болгону кийимин которунуп алып күтүп отурду, бир кезде бакылдашкан үндөр угулганда жүрөгү болк этип алды, негедир өзүн экзаменге кирчүдөй дүк-дүк соккон жүрөк дабышы кулагына угулган кыз каалганын түбүндө турду. Аларды конок үйгө киргизген Төлөбай сүйлөшүп отурду, Айжан Аземге келди:

- Азем, жүрү конок келди, өзү жетише албайм го жардам бер.

- Макул жеңе, - Азем шыпылдай жөнөгөндө ал таңгалып койду да ага чынылар менен тарелканы көтөртүп конок бөлмөгө ээрчитип кирди.

- Отура гой Азем, конокторго чай куюп отур, - Айжан шакылыктай конокторго кайрылды, - Бул биздин эрке кызыбыз, аты Азем.

- Азем дегидей азем кыз экен, - деди нурлан аялына бурулуп, - Ыраспы Алтынай?

- Ооба, Төкөнүн мындай сулуу карындашы бар экенин билбепмин, - деп күлдү Алтынай.

Нурдан болсо аны уурдана карап отура берди.

- Мед академияда окуйт, үйдө эң кенжеси.

- Ооба, эң кичүүбүз, - деди Төлөбай башын ийкей.

- Жакшы, эмесе куда түшүп келе берсек болот экен да?

- Жо-жок Нуке, кыз менен бала бири-бирин байкасын, кыстаганда болбойт.

- Ма-акул-макул досум, эмесе сүйлөшүшсүн, - Нурлан дагы башын ийкеди. Ошол күнү алар көпкө отурушту. Азем алардын жанында отургусу келбей бөлмөсүнө кетип калган эле, ошондо Айжан Нурданга карады:

- Жаның барбы жигит, тигил бөлмөдө кыз турат, барып сүйлөш.

- Сүйлөшөбү?

- Ал сенин аракетиңден, - деп Айжан күлүп ары басып кетти, Нурдан кыздын бөлмөсүнө акырын басып барып саамга эшиктин түбүндө туруп калды, боюн түздөп, чачын сылап алып тамагын кыра каалганы тыкылдатты:

- Ким? - деген Азем эшикти ача коюп туруп калды, - Кечиресиз.

- Сүйлөшсөк болобу?

- Эмнени?

- Жакындан таанышып...

- А менин убактым жок! - Эшикти жапмак болду эле Нурдан жаптырбады:

- Суранам Азем.

- Суранганыңар мага жакпайт.

- Сүйлөшөлү, биз үчүн кубанып отурушат.

- Анда угуп алыңыз, менин жигитим бар болдубу? - Жигиттин көзүнө тике карады Азем.

- Жүгүргөн албайт, буйруган алат деген.

- Ушу сизге буйрушун каалабайм!

- Мен эмне адам эмес бекенмин? - Нурдан ызалуу айтты:

- Адам экениңерди көрдүм, бирок мен үчүн ал маанилүү эмес!

- Болуптур көрөм жатарбыз, - Нурдан артка кайрылып кетти.

- Жинди! - деп Азем эшигин катуу жаап алды. Ошентип алар кетишти, Азем уктап калгандыктан Айжан унчукпай жатып калды, эртеси ал бир нерсе демек болгондо эле Азем тултуя бөлмөсүнө кирип кетти, артынан келген Айжан:

- Азем сага эмне болду? - деди жойпулана.

- Жеңе, мен үйүңөрдө ашыкча болуп жатсам айтыңыз, батирге чыгам!

- Мага азыр күйөөнүн кереги жок жеңе.

- Болуптур, ачык эле айтсаң болот го?

- Нурданга ачык айттым.

- Эмне, сен уже айта салдыңбы?

- Кеп илээштирип эмне кылам?

- Мунуң туура болбоду.

- Неге, мен ага дароо эле сага тием дешим керек беле?

- Жо-ок, мындай сүйлөшүп койбойт белең.

- Сүйлөшкөндө үмүттөнүп калбайбы жеңе, андан көрө биротоло үмүтүн үзгөнүм тура, - Азем жаркылдай күлүп жеңесине кайрыла карап, - Туурабы жеңе жок деген бир сөз да, - деди.

- Ай ушу сени, качан эс кирет деги сага, өмүр бою эле атамдарга эркелеп жүрмөк белең, акыры бирөөнүн бүлөсү болосуң да, - Айжан жумшара карады.

- Убактысы келсе көрөбүз, шашылганда эмне, мен китеп окуйм, - деп китептерин кармалап калганда Айжан чыгып кетти. Анын аябай жини келген эле, эптеп эле аны күйөөгө берип жиберүүнү ойлоп жүргөн, анткени ал Аземдин бакма кыз экенине карабай кайната-кайненеси бар тапканын ага жумшаганына ичи тарычу. Анан калса ага эми үй алып берем деп Самарбек айткандан бери ачык айта албаса дагы ичтен жинденип алат, Айжан бүгүн үйдө болом дегенби анын аяштарынын бири келип калды, экөө көпкө сүйлөшүп отуруп:

- Кайнатамдар кыз багып алышкан экен, ошол азыр үйдө, - деди акырын.

- Качан багыптыр?

- Төрөлгөнүн он күн болгондо.

- Анда өздөрүнүн эле баласындай болуп калыптыр да.

- Ооба, тим эле каалаганын аткарып чоектотуп коюптур ай.

- Аз өзүнүн бакма экенин билеби?

- Жок, билбесе керек.

- Жакшы экен, ушул учурга чейин билгизбей бакса.

- Өтө эле чоеке да, эми жакшы жигиттер чыгат десең такыр болбой жатат ай, катын ала тургансып, - Айжан мурчуя калды, - Андан көрө тийип кетсе болмок.

- Өзүнө жакпаса керек да.

- Ооба, жакпайт деп эле кетирип жатат, кудайды караса боло.

- Жакпаса тим кой да, - деди Атыр курдашын жактырбагандай болду.

- Ой тажап кетем, кыздай болуп жардам берип койбойт, келди эле бөлмөсүнөн эч чыкпайт, мен деле окуганмын, экономистти бүткөнмүн да, - Жан алы калбай жамандап, жатты, - Эми там алып берет имиш муну эмне эрге бербей эле сатып беришеби десең?

- Бакма баланы ошентип ардактап багып, бөлөк экенин билгизбей оюндагыдай баккан кишилер абдан жакшы болсо керек? - деди Атыр.

- Экөө тең өмүр бою мугалим болуп иштешкен да.

- Түшүнүктүү адамдар тура.

- Ой баккан бала деген бир күнү басып кетет да, бала кылмак беле?

- Бакма экенин билбесе ошол бойдон билбегени жакшы.

- Кантип билбей коймок эле, бир сыры бар ой ушул бирдемени билет, - дегенде Азем чыга калды:

- Сиз билет экенсиз да, демек эми мен дагы билем!

- Эмнени Азем, биз сүйлөшүп отурабыз жөн эле, - Айжан кайпактай түштү.

- Макул, менин бакма кыз экенимди сиз билет экенсиз! - деп сумкасын алып үйдөн чыгып кетти:

- Азем, Азем токто! - Айжан анын артынан чыкты.

- Айжан, тим кой эми, болоор иш болду, ал эми жаман акыбалда калды, өзүнчө сооронуп келсин, ага оңой болгон жок, - деди Атыр.

- Төкө өлтүрөт ай мени, оозуңардан чыкпасын деген да, - деп оозун жыйгыча Төлөбай кирди.

- Аземге эмне болду, ыйлап бара жатат?

- Эчтеке, эмне болуптур? - Айжан тайсалдай карады күйөөсүн.

- Сен эчтеке деген жок белең?

- Жо-ок, эмне демек элем?

- Мен токто десем болбой койду, - деп Төлөбай ички бөлмөгө кирип кетти, ал аялынан шекшип калды, бирок Атырдын көзүнчө үн дебеди, Атыр коштошо чыгып кетти, аны узатымыш болуп чыккан Айжан:

- Жинин менден чыгарат эми, ошону эле эмнеге коргошот билбейм, мааты

эле таштанды кыз эмеспи, - деп өзүнчө чукчуңдады, жөнөкөйдө ээ бербейт деле, бирок бул жолу өз күнөөсүн билип уруш чыгып кетпесин, - деп коркуп турган эле. Анткени Төлөбай бир мүнөздүү, көп сүйлөбөйт, ачуусу да оңой менен келбейт, ачуусу келгенде бир катуу тиет, эч ким чыдай албайт. Ошону билген Айжан үйгө киргиси келбей кайсактап сыртта жүрдү...

Азем ыйлап кетип жаткан эле, анын үйүнөн качан чыгып кайда бараарын билбей курсташы Айбийкенин үйүнө жөнөдү, ал шаарда эле, ата-энеси менен үч бөлмөлүү үйдө турушат. Айбийке Аземди көрүп кубанып кетти:

- Айылдан качан келдиң эле?

- Көп болду.

- Кир үйгө.

- Сыртка эле чыксаң, паркка барып отуруп келели.

- Макул, - деген Айбийке курбусунун ыйлаганын байкап сөз айттырбай эле макул болду, анан кийинип чыга калды, - Кеттик.

- Бош элесиңби?

- Ооба, бош элемин.

- Бир аз басып келели, - Экөө аялдамага жөнөдү, анан маршрутка менен паркка келип отургучка отурушту, бирок Азем үн катпай отура берди:

- Азем, сага эмне болгон?

- Билбейм Айбийке, менин көңүлүм ооруп турат.

- Айтчы, эмне болду?

- Айбийке, мен бакма кызмын.

- Кантип?

- Атамдар кызы жогунан багып алыптыр.

- Анын эмнеси бар, бакса багыптыр?

- Бүгүн жеңем бирөөгө айтып жатканын уктум.

- Ага эмнеге капа болосуң, айтса айтып коет да.

- Ушул убакка чейин эч кимиси айткан эмес эле.

- Капалана бербе, мен сени жигити таарынтканбы деп ойлободумбу, - Айбийке күлүп калды, - Баса баягы агай менен мамилеңер кандай?

- Ал жөн эле мага асылып жүрөт, кызык мен анын кызындаймын го?

- Кыздардын сөзүн угуп калдым да.

- Насийкат айтса керек?

- Ким айтканын билбейм, сен аны менен жүрөт экен дегенин уктум.

- Ой жо-ок, ошону менен кантип жүрмөк элем?

- Ошону айтсаң, сен аны эмне кылмак элең.

- Ооба да, - Азем жер карай ойго түштү, - Мени кыйнаган башка нерсе.

- Кандай?

- Ата-энемди сагына берем.

- Ананчы, ата-энени ким сагынбайт.

- Кой эмесе кеттик, - деди Азем.

- Кетели, иши кылса сенин көңүлүң ачылса эле болду, - Айбийке күлүп ордунан турду, - Азыр сенин жигитиң барбы?

- Жо-ок.

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Мага бирөө асылып жүрөт Азем.

- Ким?

- Бир компаниянын жетекчиси экен.

- Өзүңө жагабы?

- Жаш эле туруп толук, ошонусу жакпайт эй.

- Чырайын чылап ичмек белең, колунда бар болсо болду да.

- Айтпа, өткөндө жолугушууга чакырганда барсам аябай кымбат чынжырды белек кылып жатпайбы элестет, - Айбийке күлүп алды, - Жаман уялбадымбы.

- Үйлөнө элек бекен?

- Ата-энеси эми үйлөнтөлү деп жаткан имиш.

- Жакса өзүң чечесиң да, - Азем Арманды, Нурданды анан өзүнөн бир курс өйдө окугун Азизди эстеди.

- Сага үйлөнөлү деп сунуш кылды беле?

- Ким?

- Деги бирөө...

- Болуп жатат, бирок көңүлүмө жакпайт.

- Мага Айбек жагат, бирок толуктугу такыр жакпайт.

- Мен сага кеңеш бере албайм, анткени сен өзүң чечишиң керек, себеби тагдырыңды жаңылбастай болуп өзүң чечишиң керек.

- Туура, менин өз келечегим...

- Жүр эми кетелиби? - Азем курбусуна кайрыла жылмайды, ошол кезде бир жигит гүл көтөрүп келип:

- Муну сизге берип кой деди эле, - деп басып кетти.

- Ким? - деген Аземдин суроосу жоопсуз калды.

- Ким берди экен? - Айбийке гүлдү суктана жыттап жатып ортосунан кагазды көрүп калды, - Азем, кат бар экен.

- Кана? - Аземдин кабагы бүркөлө катты алып жатып: "Ушундан тажадым, бул ошол болуш керек, деги менден ага эмне керек", - деп ойлонуп кагазды окубай эле тытып салды:

- Жиндисиң го, окубайсыңбы?

- Кереги жок! - Азем гүлдү таштанды челекке салып коюп жөнөй берди.

- Кимден экенин өзүң билет экенсиң да? - Айбийке күлүп калды.

- Ооба билем, - Экөө аялдамага келди, экөө эки башка маршруткага түшмөк эле, ал аркы өйүзгө карап, - Мага капа болбо Айбийке, ал бир келесоо эле, - деп коштошуп жатып.

- Өзүң билесиң да, мен эмнеге капа болмок элем? - Экөө эки жолдун жээгине өтүп унаа күтүп калышты. Ошол учурда Азем эми унаага эл менен бирге кирип бара жатканда аны бирөө колтуктай калганын караса Арман:

- Жүр, мени менен кет.

- Кайдан жүрөсүң?

- Көрүп калдым да.

- Сен мени аңдып жүрөсүңбү? - Азем ага чукчуңдай кетти.

- Жо-ок, сени көрүп каламбы деп келгенмин.

- Арма-ан, менден алыс жүрчү бай болгур.

- Андай болбойт.

- Кызык адамсың, - Азем ойлуу анын унаасына отурду.

- Сүйүү деген адамды өзгөртүп коет экен да.

- Сүйгөнүңдү таптыңбы?

- Тапканмын, бирок ал мени сүйбөйт, - Арман жолду тиктеп зымырата айдап кетип жатты, - Сен сүйгөн менен ал сени сүйбөсө кеп эмес экен да.

- Түшүндүм.

- Айтчы анда, эмнеге мени сүйө албадың?

- Арман, сүйүү деген эки адамда бирдей болушу керек.

- Неге, биз үйлөнүп алсак анан сүйүү башталат эле да.

- Кантип, сезим деген бар да.

- Ошондуктан катты окубай тытып салдыңбы?

- Эмне, кандай кат?

- Гүлдүн ичиндегичи.

- Ошону сен бердиң беле?

- Ооба.

- Мен башка экен деп ойлогонмун, - Азем ойлуу карады.

- Мелис Акматовичтен деппи?

- Ооба, билет экенсиң го?

- Ошол киши сенин башыңды айлантып алган го? - Арман күлүп койду, - Баса эмне болду, апаңды издедиңби?

- Ооба таптым.

- Жакшы го, үй-бүлөөсү бар бекен?

- Бир кыз, бир уулу бар экен.

- Демек тапкан экенсиң да?

- Ооба, кайра ага жолукканыма өкүнүп жатам.

- Неге?

- Ал оорукчан экен.

- Анда каралаш.

- Кантип, азыр өзүм ата-энемдин көзүн карап отурсам...

- Алып барып келейинби?

- Качан?

- Сен айтсаң ошол күнү.

- Анда эртең барып келели.

- Жарайт.

- Агамдар билбеши керек.

- Ким айтмак эле?

- Корком иши кылса.

- Эч коркпо, эртең эрте жөнөйбүз, баса телефон чыгып калды, алып берейинби?

- Атам келсе алдырайын деп жатканмын.

- Мен алып берем, жүрү азыр тандап алалы.

- Үйдөгүлөр эмне дейт, баягы күнү жеңем алыптыр болчу.

- Эчтеке дебейт.

- Макул, карап көрөлү, - деди Азем кызыга, анда-санда чоңдор, кызматчылардын көтөрүп жүргөнүн көрүп калган эле, - Үйрөнүүгө көп убакыт керек го?

- Компьютерге отуруп көргөн болсоң бат эле, ошону менен кат жазышып турабыз ээ?

- Үйрөнсөм көрөм да, - Алар ЦУМга келип Аземге "СМС" телефон алып берип номерин терип чалды эле Азем күлүп калды, - Жакшы тура.

- Ананчы, кайдан жолугам деп күтүп отурбай чала коебуз.

- Атам жакында келет, атам телефон алча тынбай сүйлөшүп турат элем, - Азем жаш баладай кубанып алды.

- Мени менен дагы сүйлөшүп тур ээ?

- Эми сүйлөшүп турабыз да, - Экөө кайра жолго чыгышты, үйүнө жетпей эле жолдон калды Азем, - Жеңем көрүп калат, - деди ал.

- Көрсө эмне болот эле?

- Сүйлөй берет.

- Жеңе деле жакшы болсун десе керек? - Арман күлө карады.

- Ал эмне эрге тий, убактың өтүп кетет дей берет.

- Туура айтат.

- Бар эми, сен кете бер! - деп Азем күлүп басып кетти, Арман дагы күлүп коюп унаасын айдап жөнөдү, аларды алыстан акмалап турган Мелис Акматович кызды жандай келип токтоду:

- Азем! - дегенде кыз жүрөгү болк эте карап калды:

- Си-из, кайдан...

- Сенин кайда жүргөнүң бүт менин көз алдымда.

- Эмнеге, сиз кимсиз? - Азем ызалуу карады.

- Токто-токто, сен эмне дедиң? - Мелис Акматович ага жете келип карыдан кармай унаага катуу күч менен алып келип отургузду.

- Эмне болуп жатасыз? - Азем ызалуу карап жулунду, - Кое бериңиз!

- Сүйлөшөбүз, отур тынч! - деди да унааны катуу айдап ээн талааны көздөй бара жатты:

- Менден эмнени күтөсүз, атамдай киши экен деп унчукпай койсо бул эмнеңиз? - деп Азем ыйлап жатты.

- Болду! - деп Мелис Акматович орой унчукту.

- Мени коркутуп алам деп ойлобоңуз, ата-энем соттотуп жиберет!

- Эмне? - Мелис Акматович артын карады, - Мениби?

- Сиз эмне кудай бекенсиз?

- Сүйлөбө! - Унаа тык токтоду, - Жанагы бок мурундан эмнени күтүп жүрөсүң?

- Эмне, кайсы?

- Арман, Салиев Арманды айтам.

- Ал мага теңтуш, кандай ишиңиз бар? - Азем ыйлап сүйлөп жатты.

- Ах-ха! - Мелис Акматович жиндене каткырып алды, - Менчи, мен эмне экенмин?

- Сиз атамдайсыз, мага тең эмессиз!

- Ош-шондойбу? - Руль жагынан түшүп Аземдин жанына келип отурду, - Азем, мен сени жанымдан да артык сүйөм, мен сага өзүң каалагандын баарын берем, түшүнчү мени.

- Жолобоңуз мага, уялбайсызбы?

- Эмнеден уялам, өзүм каалаганды жасоого укугум бар, - Кызга жакындап келип анын эки ийининен куушура өзүнө тартып өпмөк болду эле кыз аны өзүнөн алыстата түртүп ийди:

- Акмак, арсыз экенсиз! - деп эшикти ачып чыгып кетмек болгондо Мелис аны кармап калды, - Кое бер арсыз эшек! - Азем жаакка чаап жиберди.

- Сени менден кете алгыс кылбасам элеби? - деген Мелис кызды тыбырчылата арткы орундукка баса калып ич кийимин чечип жиберди, кыз канчалык тепкилеп бошонууга аракет кылса дагы олбурлуу адамдын колунан бошоно албай бүркүттүн тарбайган тырмагына илинген коендой алсызданып бара жатты. Ошентип аны зордуктап коюп арыктагы сууга барып жуунуп келди, ал келгенче Азем ыйлаган бойдон түшүп жүгүрүп кетип калган эле: "Эми кайда бараар экенсиң, өзүң келесиң мага", - деп мыйыгынан күлүп алып рулга отуруп айдап жөнөдү. Азем киши бою өскөн чөп арасындагы сууга отуруп алып жуунуп үнүнүн барынча бакырып боздоп ыйлап жатты: "Неге мындай болду менин тагдырым, бир картаң чалдын тепсендисинде калдым, эмнеге мага ал өчөштү, мен ага эмне кылдым", - деп буркурап отуруп көз жашы соолугандай болду, анын сыздаганын, улуу адамдан кордолгонун сезгендей Жамалдын эмчеги сайгылашып:

- Кызым тамак аштан кейип калдыбы, - деди Самарбек менен отуруп.

- Ачка болмок беле, балдар деле казан аштуу го.

- Билбейм, эмчегим эле сайгылашат, барып келсемби?

- Шаарга барайын дейсиңби?

- Мейли анда, сен барып кел, мен бирдеке даярдайын, - Самарбек сыртка чыкты.

- Аман болушса экен, - Жамал күбүрөнүп алды.

- Апа, эмне болду? - Жоробай кирди.

- Эчтеке балам, эртең шаарга жөнөйм, балдарды көрүп келейинчи.

- Баарынан да кызыңызды сагындыңыз го? - Жоробай күлүп калды.

- Сагынбай анан, кызым менен неберелеримди көрүп беш-алты күн жүрүп келейинчи, жанагы келин жадагалса каникулда алып келбейт балдарды.

- Келиниң аман эле болсун.

- Ай-ай бала, сенин аялың деле турбайбы, сынтакканды кой.

- Келиниң колуңда эле жүрөт го, элдей болуп бөлүнөбүз деген жок, - Жоробек кызыңдай күлдү, - Айжан жеңем үйгө эч келбейт го?

- Иштей беришсин балам, эми Чоро үйлөнсө болот эле, ал эмнеге үйлөнбөй жатат билбейм, жашы отузга жетейин деп калды, - Жамал кейип калды. Самарбек балдарына кой союп жатты, Жамал сүзмөсүн майын дайындап жолго чыгууга даярданып калды. Азем кеч күүгүмдө үйүнө келди. Айжан анын келгенин байкабай калды, акырын кирип жатып алып дагы ыйлап жатып уктап кетти, Төлөбай келгенде Айжан:

- Мынча эмне кеч келдиң? - деди чыртылдай.

- Эмне болду, бир аз кармалып калдым.

- Азем эртең мененки бойдон жок.

- Келбедиби?

- Жо-ок.

- Келип калаар, - деп чөнтөгүнөн телефон алып чыкты.

- Сен дагы алдыңбы? - деди Айжан.

- Ооба, баары эле көтөрүп калыптыр.

- Ооба десең, телефон көтөргөндөр толуп кетиптир.

- Эми Аземге дагы алып берип коелу, кайда жүргөнүн билип турабыз да.

- Өзүң билесиң да, - Айжан анын айтканын жактыра бербеди.

- Бир кыз болсо алып берем да, атамдар дагы кубанып калсын.

- Ушуну обу жок кылып койдуңар, анча эле эмнеге көзүн карайсыңар?

- Кой антип айтпа, эмкиде Токуга алып берем ээ кызым?

- Магабы? - деди Толкун атасынын алдына отура калып, - Мен телефон аламбы?

- Ооба, сага дагы алып берем ээ? - Төлөбай кызын өөп койду, - Тамагың даярбы7

- Даяр, колуңду жууп кел.

- Азыр, - Ордунан турган Төлөбай Аземдин эшигине келип акырын түрттү, - Азем, үйдөсүңбү Азем?

- Ой ал жок дедим го? - Айжан арт жагынан үн катты, ага болбой Төлөбай эшикти акырын түртүп баш бакты.

- Азем! - деп кирип барса ал уктап жаткан эле, акырын басып келип түрттү, - Азем, тур тамак ич.

- Ичпейм, - Азем ары караган бойдон айтты.

- Кардың ачкандыр?

- Жо-ок, уйкум келип жатат.

- Мейли анда, - деп коюп Төлөбай кайра чыкты, - Азем уктап жатат го? - деди тамак алып келип даярдап жаткан аялына.

- Качан келиптир?

- Билбейм, качан эле келсе керек.

- Унчукпай жатып алганын, дегеле жардам берип коеюн дебейт, - Айжан туйтуңдай карады күйөөсүн, - Ой бир кыздай болуп бирдеме кылып койсо боло, жөн эле министр боло тургансып үйгө келсе көсөө башын көтөрбөйт ай, мен деле заңгыраган мекемеде иштейм, ошентсе деле аял болгондон кийин үй жумушун жасап жүрөм, - деп эбиреген аялын Төлөбай тыя сүйлөдү:

- Сен Аземди капа кылып койгонсуң го?

- Ийи, күндө эле урушуп жатам, - Кекете карады.

- Болду, атамдар укса капа болот, алар өздөрү жаман айтпай өстүргөн, көңүлүн оорутпа, - деди Төлөбай, Айжан унчукпай калды, чынында кайната-кайненесинен тартынып турчу, бир жагы сыйлайт, ошондуктан бүгүнкү өзүнүн сөзүн угуп койгон Аземди ойлоп кетти: "Байкуштун жүрөгү ооруп калды окшойт, атамдарга айтса эмне кылам, айтпа дейин, болбосо капа болушат", - деп ойлонуп ичинен Аземден кечирим сурамак болду. Ал эми Аземдин жан дүйнөсү буркан-шаркан түшүп, бороондуу күндө адашкан тайлактай чер токойдун арасынан жол таппай туңгуюкка кептелип турду. Уйкуда ар жок дегендей түмөн ойдон арыла түшүп уйкуга баш койду эле жаны жыргап эчтекеден капарсыз жатты. Айжан эрте туруп акырын Аземдин бөлмөсүнө кирип анын сабак даярдачу үстөлүнүн үстүнөн телефонду көрүп: "Бул телефонду кайдан алды", - деп ойлонуп:

- Азем, Азем, - деди акырын түртүп.

- Мм жеңе, уктап турайынчы.

- Тур Азем, үйдө болосуңбу?

- Жо-ок, саат канча болду?

- Жети болуп калды.

- Аа-ай, - Азем тура калды, - Жети болуп калдыбы жеңе? - Ал тура калып бүт денесинин ооруксунуп калганын сезди, дароо жүрөгү тыз дей түшүп көңүлү кирдей түштү, ансыз да көздөрү шишимик тартып ыйлаганы билинип турган, Айжан аны башкача болжоду: "Өзү билбейт тура, угуп калганын эми атамдарга айтса кантем, аябай ыйлаптыр", - деп ойлонуп:

- Азем, мени кечир, - деди.

- Кереги жок жеңе.

- Атамдарга айтпа ээ?

- Эмне деп айтам жеңе, мени багып алыпсыңар деппи? - Азем жеңесин кекете карады, - Мен сүйүнчүнү жеңемден уктум дейинби?

- Кечир Азем.

- Жакшы болду, сиз болбосоңуз өзүмдү билмек эмесмин.

- Койчу эми, таарына бербечи, - деп Айжан Жакын келип кучактап өөп күлдү, - Сен эстүү кызсың го берекем, таарынбачы ээ мага?

- Сизге эмнеге таарынмак элем? - Азем сумсая карады.

- Таарынбай жүр, эми бирдеме ичип ал,Төкөмө эч нерсе айтпай эле кой, - деп жаракөрлөнүп жатты, Азем жуунуп келип анан чай ичмек болуп жатканда телефону чырылдап калды:

- Алоо, азыр ийи азыр чыгам, макул-макул, - деп өчүрө салды.

- Телефон кут болсун, - деди Айжан жылмая карап, - Кандай жигиттен белек болду экен?

- Жеңе, өзүм алдым, - деди Азем, - Өткөндө атамдар берген акчага алгам.

- Ушуга чейин көрсөтпөй жүрдүңбү?

- Сүйүнчүлөмөк белем?

- Менин номурума чалчы, сактап алайын, чалып турам, - Айжан ага өз номурун бере салды, - Кана чал. Азем номурду терип чалды эле ал, - Оо-ий сонун номер го сеники, - деп күлө карады, он сегиз экен баары.

- Мен өзүм байкай элекмин, - Азем бир аз шам-шум этип эле шашыла жөнөдү.

- Кайда барасың?

- Жумушум бар.

- Айтып кетип жүр Азем, - деп Төлөбай чыга калды.

- Иш издеп жүрөм.

- Эмнеге?

- Жөн жүрбөй иштейин.

- Атам менен апам бизге капа болот, ушул бир кызды батыра албай калдыңарбы деп.

- Өзүм түшүндүрөм, - деп чыгып кетти.

- Ай ушул карындашыңдын жүрүшү жаман, - деди Айжан ал кетээри менен.

- Жокту сүйлөбөчү! - деп койду Төлөбай.

- Жаманатты кылып жүрбөсүн.

- Азем эси бар кыз, - деп алдындагы оокатка карады Төлөбай, ал аялына кайра сөз айтып көбөйткүсү келбеди. Азем үйдөн узай бергенде Армандын унаасы аны күтүп турган эле жете келген кыз:

- Кандайсың? - деди суз гана.

- Эң сонун, өзүң кандайсың? - дегенде муңайып турган кыз аны тик багып карай албай алдын карады: "Аттиң, эми менин кимге керегим бар, өзүмдү-өзүм басынттым, эми мен тозок менен гана күн өткөрөм, бактым байланды", - деп көзүнө жаш толо түштү, Арман аны бир карап алып өзүн ыңгайсыз сезе, - Азем, сага эмне болду? - деди.

- Эчтеке...

- Көзүңдө муң турат.

- Ооба, мен ар дайым ушундаймын.

- Жо-ок, сенин көзүң мындай эмес эле, неге бир түндө өзгөрүп кеттиң?

- Жок-жок, менде кандай муң болмок эле? - Азем билгизбей жашын сүртүп алды.

- Сен башкача болуп турасың, - Арман унаасын жолдун жээгине токтотту, - Кана, сүйлө кандай алаамат болуп кетти?

- Эч кандай Арман, жолдон калбайлы.

- Жок, сен мага эмне болгонун айт.

- Жанымдын жарасын сыйрыбачы Арман! - Жүзү ылдый жаш мөлтүлдөп агып кетти, Арман аны өзүнө каратып кучактап калды, - Арман, мени эми сага дагы башкага дагы тең эмесмин, - Азем баарын айтып берди, - Мен өзүмдүн жолумду өзүм кестим, бактысыздык мени тооруп алды, кечир мени! - Солкулдап жатты, Арман эмне дээрин билбей жөн гана сооротуп далыга таппай сөз таба албай турду, - Мени эми түшүнгөндүрсүң Арман, мына чындыкты айттым, эми мени жайыма кой, энемди өзүм барып көрүп келем, - деген Азем бошонуп жүзүн аарчый унаадан түшмөк болду.

- Кайда Азем?

- Мен калайын.

- Жок, мен убадамда турам, апаңа алып барып келем, - деп Арман унаасын айдап жолго түштү, ал Ысык-Атага кетчү жолго түштү, экөө тең үнсүз унаанын зыңылдаган үнү, зуу-зуу этип өтүп жаткан унаалардын үнү гана угулат, анан Ысык-Атага жеткенде Арман Аземге кайрылды, - Кайсы көчө?

- Азимов көчөсү кырк тогуз.

- Аа-а, - деп жолдон бир адамдан сурап алып кууш көчө менен бара жатканда:

- Келдик, мына бул үй, - деди Азем. Дароо токтоду, жолдон Арман бир пакетке тамак-аш алып алган, аны көтөрүп алып үйдүн кыйрайган дарбазасын какты Азем, бир топтон кийин Алымкан чыгып келди да:

- Аз-зе-ем! - деди кучак жая, - Жакшы жүрөсүңбү кызым?

- Кандайсыз? - Азем өңү азыңкы аялды аяп кетти.

- Жакшы, киргиле үйгө.

- Ушул жерден эле...

- Жо-ок, - Арман ыңгайсыздыкты жөндөй күлө карады, - Жүрү кирели, ушунча келип эшиктен кетмек белең? - Алымканды ээрчий үйдү көздөй жөнөштү, үйдөн аларды көрүп Курман менен Айнаш чыга калды:

- Чоңойдуңарбы? - Азем аларды өөп учурашты.

- Сиз биздин эжебиз болосузбу? - деди Айнаш, аларга Алымкан баягы келишинде эле айткан эле.

- Ооба, - Азем жылмая карады.

Алар жупуну бөлмөгө киришти, ортодо үстөл турат, үстөлдүн үстүндө эски кленка, үстүндө бирин-серин кара нандын сыныктары менен үч крушка турган экен, көөнөргөн эски төшөктөр, дубалда эскилиги жеткен туш кийиз, дубалдары ыш болуп бөлмө ичи өтө эле көзгө комсоо көрүнүп, эч ким жашабагандай, кароосуз калган үйгө келгендей болду Азем.

- Отургула, - Алымкан ыңгайсыздана кызына карады, - Айнаш чай койчу кызым.

- Макул апа, - Айнаш тепилдей чай койгону чайнек көтөрүп чыгып кетти.

- Ала кой, буларды силерге алып келдик, - деп Арман Курманга пакетти берди эле ал тартына жер карады.

- Рахмат.

- Сиз эми өзүңдү жакшы сезип калдыңызбы? - деди Азем Алымканга кайрыла.

- Эми меники өнөкөт оору, убагында көрүнүп ооруканага жатып турушум керек.

- Азыр жакшы болсоңуз өткөнүңүз жөнүндө айтып бериңиз...

- Өткөндү эстөө мага оңой эмес кызым.

- Мен билишим керек, эмне үчүн төрөгөн балаңызды таштоого мажбур болдуңуз эле, чындыкты уккум келет, - Азем ыйлагысы келип анан кайра сөзгө өттү, - Мени ата-энем эч нерседен кем кылбай бакты, алар менин минтип өз энемди издеп жүргөнүмдү билбейт.

- Менин акыбалым ошондой болгон эле, - Алымкан үшкүрүп алып дасторкон четин кармалай саамга ойго батып башынан өткөнүн айта баштады...

Алымкан мектепти бүтөөрү менен эле пионер вожатый болуп иштеп калды, өзү сабакты жакшы билгени менен ата-энесинин аны окута турган кудурети жок болчу, тагасы завуч болгондуктан тааныш-билиш менен иштетип койгон. Ошол жылы иштеп кийинки жылы даярдоо курсуна бармак болуп жаткан. Узун бойлуу ак саргыл татынакай кыз чогулуштарга катышып тепилдеп иштеп жүргөндө районодо жардамчы катчы болуп иштеген Кубатбек деген жигиттин кызга көзү түшүп калып ага жакындай албай жүрдү. Бир жолу чогулушка келгенде аны сөзгө тартып калды:

- Алымкан, окууга барайын деп жатасыңбы? - деди жылдыздуу жүзүн буруп.

- Ооба, - Алымкан уяла жер карады.

- Кайсыга?

- Педге барам го.

- Жакшы, эгерде окуйм десең тааныш бар дайындап коем.

- Чынбы? - Бае кыз ага ишенимдүү карады.

- Ооба, - Сары тишин ырсайта күлдү Кубатбек.

- Макул, бараарда сизге чалам ээ?

- Албетте, мен дайындап киргизип коем.

- Рахмат, мен макулмун.

- Бир жерден чай ичпейлиби?

- Жо-ок, эжейлер таппай калбасын.

- Алар чогулушка эми киришти.

- Мен дагы киришим керек эле...

- Эч нерсе эмес, азыр мугалимдердин курсуна барчуларды тизмелеп жатышат.

- Ошондо дагы бара албайм.

- Мейли, мындан ары тааныш болуп жүрөлү ээ?

- Макул, - Алымкан жер карай жооп берди да басып кетти, ошондон кийин районго келген сайын аны менен сүйлөшө калып жүрүп кыз аны өзү жактырып калганын сезбеди, эки баласы бар экенин укса деле бара-бара тартылып бара жатты, кийинки жылы аны районго которуп койду, сырттан окуу бөлүмүнө кирип окуп да, иштеп дагы жүрдү. Анан эмне болгонун өзү да билбей калды, Кубатбек экөөнүн ортосундагы сүйүү тутанып отуруп бири-биринен ажырагыс болуп калды. Алар жашыруун жолугушуп жүрүп бир күнү биротоло биригип алышты, бирок Кубатбек ошондон кийин ар кандай шылтоолорду айтып жолугуудан качып жүргөндө бир жолугуп Алымкан ага ыйлап турду:

- Эми эмне кылам, боюмда болуп калды, ата-энем укса өлтүрөт Кубат.

- Эмне кыл дейсиң, менин үй-бүлөөм бар, билинип калсаң кызматымдан кетем, партиядан чыгып калам, - Кубатбек жиндене кетти:

- Сүйөм, сенсиз жашай албай калдым деген сөздөрүң кайда Кубат?

- Эми сүйүү бир башка маселе, ал эми үй-бүлөө деген оңой эмес Алымкан.

- Менин ар намысымды тебелеп басып кеткиң барбы?

- Убалым жетсин Кубат, балапан жүнүмдү уйпаладың эле...

- Өзүң болбой койбойт белең, жалаң эле күнөө менде эмес!

- Түштөн кийин ушинтет экенсиң да, сүйөм-күйөм, керек болсо ажырашам деген сен эмес белең? - деди Алымкан үнүн бийик чыгара.

- Болду, жап жаагыңды, экинчи сен мени мен сени тааныбай турган болобуз, алдымдан чыкпай жүр! - деди да басып кетти Кубатбек, Алымкан буркураган бойдон отуруп калды, бирок кылаар айласы да жок эле, отуруп-отуруп үйүнө жөнөдү, апасы оорукчан эле, бир агасы үйлөнүп өзүнчө жашачу, эки сиңдиси менен иниси болуп жашачу. Атасы чарбада эптеп иштейт, тапканы алтымыш-жетимиш сом, эптеп күн көрүшөт, Алымкан иштегенден бери ал дагы жетимиш сом алып бир аз кенелип калышкан эле. Ыйлаганын билгизбей үйгө кирди, төшөктө жаткан апасы:

- Алымкан, келдиңби кызым? - деди башын көтөрө.

- Ооба, келдим апа.

- Жамалкан тамак жасаптырбы?

- Азыр көрөм апа, тузун кем ичип жатасызбы?

- Ооба, кордо эле жаса дедим эле, ойноп жүрүп алат.

- Мен көрөм, болбосо өзүм жасап берем ээ апа.

- Макул, кардым ачты, эртең мененки бойдон жатам, - деди онтологон Сырга.

- Жеңем деле келип турса болмок.

- Эми алардын өз тиричилиги барда кызым, минтип оорунун азабын тартканымды айтсаң, болбосо өзүм эле кыбырап жүрө бербейт белем, - Сырга көз жашы кылып алды.

- Кейибечи апа, сен сакайып кетесиң, - Алымкан жароокерлене эмелеки ичин өрттөгөн ыза-кордукту унута апасына күлүп карады, - Буйруса сакайып кетесиң, мен окуумду бүтүп мугалим болом, анан силерди багам.

- Садагаң кетейин десе, бактыңды ачсын кудайым, - дегенде Алымкандын бир жери үзүлүп кеткендей болду, шарт артына бурулду:

- Чечинип чыгайын апа, - деди да бөлмөгө кирип кетти: "Кайдагы бакыт, мен эми кайдан бактылуу болмок элем, ичимдегини кантип, кимге айтып жок кылам, апам байкуш билсе оорусу ого бетер күчөйт го, же өзүмдү-өзүм...", - деп ойлогондо бүткөн боюнан ылдый муздак суу куюп жибергендей селт этип алды.

- Эже, эже! - деп Жамалкандын үнү угулду аңгыча.

- Эмне болду? - Алымкан чыга калды.

- Апама тамак бере берейинби?

- Даярбы?

- Ооба, катык жок да.

- Мен акча берем, сатып кел! - Алымкан жыйырма тыйын берди.

Алымкандын ички көйгөйүнөн дагы үй-бүлөө көйгөйү ашып ташып, апасынын оорукчандыгы жүрөгүн оорутуп жиберди, ини-сиңдинин окуусуна, кийим-кечесине жалгыз өзү каралашып бир үйдүн түйшүгүн аркалап калган. Убакыт билинбей өтүп жумушунда иштеп жүрүп дагы Кубатбекке жолугуп калды, ал ага кайрыла калып:

- Кандайсың? - деди.

- Кандайын сурайсың?

- Эми-и ал-акыбал дегендей.

- Табалагың келсе ичим чоңоюп бара жатат.

- Баса Алымкан, мен сага бирдеме алып келдим эле, - деп унаасына барып баштык менен бир мүшөк, дагы бир нерселерди көрсөттү, - буларды үйгө жеткирип берейинби?

- Мени ачка калды дегениңби? - деген Алымкан сыртынан намыстанганы менен ичинен: "Алса алып коеюн, менин эмнем кетип жатты эле", - деп ойлоп турду.

- Алыш, сен мага капа болбо, мында акча бар, балким баланы алдыраарсың, же төрөп алаарсың, эгерде төрөсөң каралашып турам, - деп конверт сунду, көзүнөн мөлтүлдөгөн жаш куюлган Алымкан унчукпай колуна карматкан конвертти мыкчый үн-сөзсүз турду, унчукпай унаага отурду.

- Мындай боло турган болсоң сүйүп эмне кыласың? - деди анан ыйлап туруп.

- Аргасызмын Алыш, кызматымдан куулам.

- Ошондо неге ойлободуң?

- Сүйүү да алтыным, сүйүү...

- Мага мындай сүйүүнүн кереги жок эле...

- Капаланба, балким шарт өзгөрүп кетсе көрөбүз.

- Эми изиңди баспайм, менин жаныма жолоочу болбо! - деп үйүнө жетишти, Кубатбек бир кап ун, бир койдун тушун, шекер май күрүч кылып түшүрүп берди да жолуна түштү, жок жарды үй-бүлөө үчүн бул бир топ азык эле. Шекер менен унду каптай киргизип, майларды үйүнө киргизип алды. Бул айыл элине жел менен учкан камгактай эле тарады. Ушак деген ушак эмеспи ичин канчалык таңса да болбой билинип кийин мектепке барбай калды. Болгону төшөктө жаткан апасы бул ушакты укпады, билинбей күн өтүп тогуз айга толгондо Алымкан төрөтканага барып төрөдү, бирок ага история жазылбады, төрөгөндөн эки саат өтпөй качып кетип калды...

- Ошол кызым, мен токсонунчу жылы он үчүнчү майда төрөгөнмүн, ошол бойдон кабар ала албадым, апам өлдү, көп өтпөй атам өтүп кетти...

- Токсонунчу жылы дейсизби?

- Ооба.

- Анда сиз...

- Эмне болду?

- Жок-жок, Арман биз кетели, - деген Азем аттап-буттап эле үйдөн чыгып кетти, анын артынан Арман чыкты, Алымкан эч нерсеге түшүнбөй ал дагы чыкты:

- Азем, эмне болду кызым?

- Сиз башка экенсиз, - деди токтой калган Азем, - Мен ал кезде төрткө чыгып калган болом, ме сексен алтынчы жылы төрөлгөнмүн, болгону күндүн айрымасы так эмес, - деди да Арманга кайрылды, - Кеттик Арман.

- Кызык, дааналап сурабайт белең? - деди Арман унааны от алдырып жатып.

- Кереги эмне, бул башка тура, көрүнүп турбайбы? - Азем тултуңдай жолду карады.

- Эми эмне кылайын дейсиң анан?

- Болду, эми эч качан издебейм.

- Чыныңбы?

- Ооба, ата-энемдин бары жетет.

- Өзүң бил, - Алар чоң жолго түшүштү да зымыраган бойдон шаарга киргенде күүгүм кирип калды, ошол учурда телефону чырылдап калды.

- Жеңем, - деди Азем, - Алоо, жеңе азыр барып калам, ооба чынбы апам келдиби, мына жолдомун, - деп телефонду өчүрүп Арманга жылмайып койду, - Апам келиптир.

- Жакшы, азыр жетип калабыз.

- Апам ар дайым менин капа болгонумду билип коет.

- Чын элеби?

- Ооба, мен чынында жаманмын, канымда болсо керек, неге өз энемди тапкым келет билбейм, бул ата-энем ымыркайымда багыптыр, эч нерседен кем кылган жок, бирок мага бир нерсе жетпегендей болуп тура берчү болду, кээде өзүмдү-өзүм жемелеп калам, баары бир кайра эле мени төрөгөн аялды көргүм келип туруп алам, - Азем жолду мелтирей карап бара жатып сүйлөп жатты, - Адам болуп жаралгандан кийин неге өз каалаганындай жашоого акысы жок, акыры өтөт экенбиз... Неге энеден баланы бөлүп өмүр бою издетет, неге деген суроого жооп таба албай убакыт өтүп кетип бара жатат Арман!

- Кайгырба Азем, ыйлаганыңды көрсө апаң эмне дейт?

- Токтоно албай жатам.

- Өзүңдү карма, унутканга аракет кыл.

- Кантип? - деген Азем көзүнөн тамган тамчыны жүзаарчы менен аарчып алды, - Кантип , неге мындай жаралдым.

- Ыйлабачы эми, - Арман унааны жол четине токтотту, - Күзгүгө каранып өзүңдү иреттеп ал, апаң көрсө капаланбасын, - деп чачтарынан сылап бооруна кысып көпкө турду: "Аттиң, неге меники болбой калдың, текебердигиңдин айынан бир картаң адамдын курмандыгына айландың го, эгерде эми да макул десең сага жар болууга даяр элем", - деген өкүнүч турду анын дилинде.

- Кел мен чачымды тарап алайын, - деп Азем андан бошонууга аракеттенгенде гана Арман кое берди, Азем узун чачын тарап түйүп алып бетине ыйлаганын байкатпай упадан сүйкөп алып, - Болдубу? - деди Арманга күлө карап.

- Эң сонун, кадимки Аземсиң, - Арман бармагын көтөрө күлдү.

- Кеттик анда, апам келип күтүп калыптыр.

- Эртең жолугабызбы Азем?

- Эми эмнеге жолугабыз Арман, сага чексиз ыраазымын, айтканымды жасадың, эми биз кээде жолукса жолугуп болбосо бет келген жерден учурашчу кайдыгер адамбыз, - деди Азем муңая.

- Дос болуп жүрөлү жок дегенде.

- Каршылыгым жок, - Азем күлүп койду.

- Келе колду, - Арман колун сунду.

- Давай! - Азем анын алаканын алаканы менен чаап койду, - Доспуз.

- Жетип калдык, эртең бошогондо чалам.

- Жарайт.

- Сен этият бол, Мелис Акматович али да артыбыздан жүргөн болуу керек.

- Койчу чын элеби?

- Ага ишеничтин кереги жок, ал коркунучтуу адам, байлыгы көптүгүнөн кайда жумшаарын билбеген адам, сенин артыңдан жок эле дегенде экөөнү аңдытып койгон болуу керек, а менин артыма дагы салган.

- Эмне?! - Азем коркуп кетти.

- Мени байкап жүргөнүнөн көп болду, - деди Арман, ал эки күн илгери эле өзүн токтотуп алып: "Бул кыздан баш тарт, өзүңө жаман болот", - деп эки кишинин коркутканын эстеди.

- Кызык, - Азем ойлонуп да коркуп да турду, алар үйгө жакындап калган эле, - Арман, мени кечир, мен үчүн сенин жабыр тартканыңды каалабайм.

- Кабатыр болбо, мага эчтеке кыла албайт.

- Ошондо дагы сен алыс жүрүүң керек Арман.

- Кааласам сага үйлөнүп алам.

- Эмне, сен ойлонуп сүйлөп жатасыңбы? - Азем Арманды тигиле карады, - Мен сага тең эмесмин Арман.

- Мен сени сүйөм, кандай болсо дагы даярмын.

- Кой сөздү көбөйтпөйүн, жакшы эл ал, бүгүнкү кылганың үчүн рахмат, - деди Азем өзүнчө ыйлагысы келип, - Мени түшүр...

- Макул, өзүң дагы жакшы эс ал, - Унааны токтотуп колун сунду, - Көрүшкөнчө.

- Көрүшпөй эле койгонубуз оң го Арман, жакшы жүр, - деди Азем экинчи көрүшпөчүдөй биротоло коштошуп, - Баары үчүн сага ыраазымын.

- Эртең чалам, - деп койду Арман жылмая.

- Кереги жок, эртең апам менен болом го.

- Кийинки күнү.

- Жок.

- Анын эртеси.

- Жок дейм Арман.

- Каалаган күнү чалам.

- Көрөбүз, - деп басып бара жатып күлүп жатты Азем: "Неге, неге өз тагдырымды өзүм күүгүмдөтүп алдым, мага чала, картаң немеге эмне үчүн жакындадым, итке иттей өлүм деп же өз колум менен өлтүрүп салсамбы, анда он гүлүмдүн бири ачыла электе түрмөгө түшөмбү, канткенде өчүмдү алам ал эшектен", - деп ойлонуп бара жатып дарбазаны такылдатты. Жамал үйгө кирип чыгып кызын күтүп кыжаалат болуп жаткан эле. Эшикти Самат ачты:

- Чоң энем келди эже.

- Жакшы болуптур, - деп Азем үйгө кирип эле Жамалды кучактап калды.

- Келдиңби кызым, оорубай сыктабай эле жүрөсүңбү?

- Жок апаке, ооруганым жок, атам жакшы жүрөбү, Жоро акемдер, Чынгыз, Илгиз, Адемилер чоңоюп жатышабы?

- Кудайга шүгүр кызым, баары аман-эсен тынч, сага салам айтышты.

- Саламат болсун.

- Өңүң азып кеткенби?

- Ой апа-а, кызың жакшынакай эле жүрөт, - деп күлдү Айжан, - Туз артып жатат дейсизби?

- Кой, кызымды жумшабагыла, өз оокатыңарды өзүңөр кылгыла.

- Иш кылган жери жок, бирок кызыңызга жуучулар келсе болбой качырып жатат.

- Күйөөгө азыр чыкпайт кызым, окуусун бүтүп анан бир кызматка отуруп алса күйөө өзү эле келет, - деп Жамал Аземди колтугуна кысып чекесинен өптү.

- Анда кара далы болуп калбайбы кызыңыз, - Айжан күлдү.

- Болбойт этпейт.

- Ме үчүн жеңем эле кыйналып жүрөт, - деди Азем суз.

- Азем, биз сени бактылуу эле болсун дейбиз, - деди Төлөбай.

- Аны го түшүнөм, бирок көңүлүмө жакпаганга кантип барам?

- Туура, кызымды көп эле кыйнай бербегиле, - Жамал Аземге ойлуу карады, - Кызым, бирок кыз баланын көп жүргөнү болбойт, өзүңө жакканы болсо кете бер садага, атаң-экөөбүздүн көзүбүз барында, сенин аманатыңды түгөл берип, тыңганыңа көзүбүз жетип көңүлүбүз тынсын, - Үшкүрүп алды, - Эмчегим зыркырап эле түшүмө кирип туруп алдың, анан келбедимби.

- Ыя апа, балдарыңыздан дагы Аземди башкача көрөсүзбү? - деди Айжан.

- Балдар өз-өз оокатын кылып киши болуп калды, Азем жалгыз кызыбыз, али жаштык кылат, Чоро калды эми, аны үйлөнтүп Аземди күйөөгө берип койсок эле баарыңардан көөнүбүз тынып калат эле.

- Чоро үйлөнөйүн дейби? - деди Төлөбай.

- Билбейм, атаң үйлөн десе эле азыр эмес деп коет.

- Жыйырма жетиге келди, үйлөнсүн да.

- Быйыл күздө көрөбүз го, силер чогуу барсаңар эле кайда качмак эле.

- Ошентиш керек, - деди Төлөбай алар чогуу отуруп тамактанышты, андан соң Жамал менен Азем өзүнчө бөлмөгө киришти, эне-бала көпкө сүйлөшүп жатып анан укташты, Азем апасы кеткенче үйдөн чыкпады, экөө моокуму канганча сүйлөшүштү, Жамал бир гана нерсени сурай албай жатты, ал эми Азем жанындай көргөн энесине жүрөгүндө эзип жаткан арманын айткысы келип кайра айта албай жатты. Бирок чегине жеткен жара ооз берип жарылган сымал экөө тең октоло бир мезгилде бири-бирине сөз баштамак болуп:

- Кызым.

- Апа, - дей салбаспы.

- Айта гой кызым, - деди Жамал күлүп.

- Жок сиз айтыңыз, - деди Азем да күлө карап.

- Эмне дейин дедиң эле кызым?

- Сизчи, сиз айтыңызчы, - Экөө тең күлүп калышты.

- Азем, апаңды издедиңби? - деди анан Жамал саал муңая, - Апаң бар бекен?

- Жок апа, издей албадым.

- Эмнеге издебедиң кызым?

- Атам уктубу апа? - Азем таптакыр башка суроо узатты.

- Жок, айткан жокмун.

- Туура кылыпсыз, - Азем апасын кучактап эки бетинен өөп алды, - Менин алтын апакем го, акылман апакем.

- Садага болоюн десе, анын эмнесин айтмак элем, ансыз дагы кай күнү менин кызым эле деп бирөө жарым келип сени жетелеп кетчүдөй күн өткөрдүк, - Жамал үшкүрүп ийди.

- Апа, капа болбочу, мага башканын кереги жок, көзүмдү ачып тилим сүйлөөгө келгенден силерди ата-апа дедим, эми ошол бойдон өлөм.

- Өлбөй кал, - Жамал ормое карады. - Биз сени күнөөлөбөйбүз кызым, тапсаң катташа бер.

- Жок апа, кадырың жан болсун.

- Өзүң ойлонуп көр.

- Апа, - деди Азем ага ойлуу карап, Жамал аны: "Мен энемди тапканмын, мени кечир деп айтат го", - деп ойлоно түштү, - Апа, мен чындап сексен алтынчы жылы төрөлгөнмүнбү?

- Ооба-а, - Жамал кызын таңгала карады, - Эмне болду?

- Деги да.

- Сексен алтынчы жылы майдын жыйырмасында колубузга алганбыз кызым.

- Ошол так да ээ?

- Ооба ботом, эмне болду?

- Билбейм, сиз Алымкан деп айтпадыңыз беле? - Азем болгону айтып берди, - Ишенип бара жатсам ал токсонунчу жылы төрөгөнмүн дейт, анан баса бердим.

- Ал башка кызым, биз сени сексен алтынчы жылы алганбыз, ошондо сен он күндүк элең, - деди Жамал ойлуу мурунку сөзүн кайталап, - Атаң экөөбүз анда жаңылгыдай жашта эмес элек.

- Кечирчи апа, жүрөгүңдү ооруттум го?

- Жок кызым, сага оор болду, ошол кезде биз сенин минтип азапка түшөөрүңдү ойлобоппуз да, чынында биз болбосок башка бирөө бакмак кызым.

- Кечир апа, аны эми унутуңуз, эми мен издөөнү токтоттум.

- Өзүң бил каралдым, адам көңүл көксөөсүнө жетпесе тузу жок тамак жегендей болуп бир нерсеси кемип, супсак жашоого кептелет, сезимиң эмне дейт, ички сезимиңди ук кызым, бизден тартынба, өз каалооңду ишке ашырууга үйрөн, адам өз максатына жетпей бактылуу болбойт кызым.

- Алтын апакем, мен максатымдан кайттым.

- Жок, максаттан таюу бакыттын бир бөлүгүнөн баш тартуу дегендик кызым.

- Көзүңдө бир айтылбаган сыр, муң турат кызым.

- Жо-ок, - Азем апасынан көзүн ала качты.

- Эненин жүрөгү сезет, алдабайт садага.

- Апа-а, койчу эми...

- Түшүмдө сени...

- Эмне?

- Сени бирөө...

- Жок-жок апа! - Азем бакырып ийди.

- Азем, Азем кыз, сен чочулаба кызым, - Жамал түшүн көз алдына келтирип саамга унчукпай калды, анын түшүндө Азем аппак көйнөк кийип жүргөн имиш, делбиреп бир жигит менен кол кармашып келе жатканда эле ал жигиттин түзү өзгөрүп таптакыр башка адамга айланып кеткенде Азем андан качып апасын көздөй жүгүрөт, жете бергенде караса эле аппак көйнөгүнүн алды жагы тептегерек болуп анан кызыл болуп кетет, аны көргөн кыз бетин басып кайра башка жакты көздөй жүгүрүп жөнөгөндө ойгонуп кетти Жамал.

- Апа-а, - Азем көзүнөн жаш куюла апасын карады.

- Айта бер кызым, алданып калдың го?

- Апа-а! - Азем Жамалды кучактап алып солкулдап жатты, анан баарын айтып берди, - Менин тагдырым ушундай болду апаке!

- Эчтеке эмес кызым, өзүң аман болсоң болду, - Жамал Аземди кучактап отуруп ойго батты: "Ушундай болоорун жүрөгүм сезген, аттиң курган турмуш ай, жалгызымды мынчалык кыйнаганың эмнең жараткан, мөлтүрөгөн жүзүнөн күлкү жоголуп көз жашка жүзү жуула тургандай не айыбы бар эле жараткан, кайсы айыбы үчүн азапка салдың кудайым", - деп ойлонуп өзү да ыйлап турганын өзү дагы сезбеди.

- Апа, мен окууну таштагым келет.

- Эмнеге кызым?

- Окугум келбей калды.

- Кой кызым, эми үч жыл калды, окуй бер.

- Корком.

- Эмнеден?

- Мелистен апа, ал жырткычтан жаман.

- Коркпо кызым, Султанга чалып мен өзүм жолугуп сүйлөшөм.

- Апа болбойт, мен уят болом.

- Сени айтпайм, өзүмчө сүйлөшүп ага бирди көрсөтөм.

- Апа, тим коюңузчу, мен окуудан чыгып кетип кутулам, - Азем такыр болбоду, бирок окуудан чыкканына Жамал болбоду, күз келип окуу жылы башталаарда Азем үйдөн чыкты, Арман канча телефон чалса дагы жооп бербеди, эки жагын элеңдей карап кетип жатканда Арман алдынан чыкты, негедир ал жумушун дагы таштап койгон, Азем басканын аңдып эле ошол айланада болуп калган болчу.

- Азем!

- Салам.

- Кел отур.

- Өзүм эле келем.

- Отурчу эми, - Арман кызга жалдырай карады.

- Арман, мени кыйнап ийдиң.

- Бол отур, кеттик.

- Макул, - Азем жылмая арткы орундукка отурмак болду эле:

- Бул жакка отур, - деди Арман күлө карап, - Жаныма отур Азем.

- Жа-арайт, - Отуруп алып ага бурулду, - Иштериң кандай?

- Баары жакшы, эмнеге телефонго жооп бербейсиң?

- Убактым жок, анын үстүнө көңүл келбейт.

- Азем.

- Ии-ий.

- Үйлөнүп алалычы.

- Болбойт, мен түшүндүрбөдүм беле?

- Койчу Азем, мен баарына даярмын дедим го?

- Болбойт, менин бул азабым өз башыма жүк болду, өмүрүм өткүчө өзүмдү-өзүм жек көрүп өтөрмүн, сен менин тагдырыма кийлигишпе, сенин бактыңды байлагым келбейт, - деп Азем терс бурулганда Арман колдон алды:

- Өмүр бою бирге бололу Азем, менден баш тартпа, менин гана аземим болчу!

- Арман, сен минтип мени ыңгайсыз абалда калтырба.

- Жок, мен сенден баш тартпайм, сени өмүр бою ардактап өтөм Азем.

- Арман!

- Сүйлөбө, башка сөз уккум келбейт! - Арман кыздын колун кармаган бойдон башын ылдый кылып ыйлап турду, Азем үн дей албай же колун тартып ала албай көзүнүн жашы жүзүн жууй солкулдап турду, - Жок дегенде жооп берчи, мен үчүн сенин жүрөгүңдөн бармак басым орун барбы Азем?!

- Жо-ок! - Көзүн бекем жумган кыз бакырып жиберди.

- Андай дебе Азем.

- Арман, мени кое бер!

- Мейли, мен сени кое берем, бар бара гой Азем, бактылуу бол! - Арман кыздын колун кое берди, - Аман бол!

- Сен дагы аман бол Арман, мени кечир! - деди да унаадан түшүп бет келди жүгүрүп кетип жатты, алды жагы бүдөмүк, чытырман токойдо жүргөнсүп жолдон мүдүрүлө жаздап токтоп кайра кете берди. Жолдо ары-бери зуулдап маршруткалар, анда өтүп жаткан жүргүнчүлөр, көнүмүш адатынча эч ким менен иши жок, кумурска сымал ары-бери өткөн адамдар, кайдадыр шашып бара жаткандар, эмне иш бүтүрүп кандай машакат менен жүргөндөрү белгисиз, жан дүйнөсү эзилип көзүндөгү жашы жамгырдай төгүлгөн кыз менен эч кимдин иши да жоктой... Азем жүгүрүп бара жатып бир бүтпөгөн үйдүн далдоосуна отура калып буркурап ийди: " Ооба Арман, мен сени сүйгөнмүн, дагы сүйөмүн, бирок сүйүүмдү сага милдет кыла албайм, акактай таза сүйүүңө булганган денемди тартуулай албайм Арман! Мени кечир, өмүр бою сүйүп өтөм, бирок биздин бирге болууга акыбыз жок, боло албайбыз дагы, Арман, сен менин арманым болуп кала бер", - деп боздоп жатты: "Арман, сен мени өзүң сүйдүрүп алдың, адегенде сени жөн гана тааныш катары көрчүмүн, эми менин өмүрүмдөгү өкүнүчүм арманымсың, мени кечир, булганыч бойдон сенин босогоңду кантип аттап, апаңдын ак жоолугун кайсы жүзүм менен башым салынмак элем, күнөө өзүмдө, сенин ата-энең келгенде неге баш тарттым, неге? Өзүм дагы билбейм, бул менин армандуу тагдырымдын кимге кереги бар түшүнчү ушуну? Сенин жүрөгүңдү жараладым, ак тилегиңди буздум, көңүлүңдү кирдеттим, аман бол Арман!", Азем ушинтип ыйлап отуруп Армандан кечирим сурап жатты. Өмүр кыска, адамдар таш боор, бири-бирине катаалдык жасап келген, жасай берет, бири-бирин кордоп, сыздатып келген, тирүүлүктө улана берет, аягы жок анын. Боорукер адамдар зулумдардын запкысын тартып арманга бата берет, алы жетпеген акыретчил деп аргасыздан айтылган өкүнүч калган, кала берет. Зордукчулдар, зулумдар деле дал ошол тирүүлүктө азап чегип тилегине жетпей арманда өткөндөр барчу жерге барат, алар тозокко түшөбүз, бечаралар ал чын дүйнөдө кегин алабы белгисиз... Дүйнө жүзү кең, пенде ар түрдүү, бирок эч кандай ал дүйнөнү көрүп келген бирөө жок, изилдөөчүлөр дагы чече албай келет. Эгерде чын дүйнө дегени чындык болсо калыстык да бардыр. Аземдин кийинки өмүрү азыр өзүнө да бүдөмүк, жолу туюк, кайда бараарын билбейт, дел болуп көпкө отурду, анан көптө барып өйдө турду да Насыйкаттын үй телефонун издеди, таап алып өзүн оңдой жолго чыгып унаага отурду да телеграфка келип ага чалып чакырып алды. Ал дароо эле болжогон жерге жетип келди:

- Азем, сага эмне болду? - деди ал учурашкан соң.

- Отур, зеригип кеттим.

- Мен дагы зеригип турганмын, жакшы болбодубу.

- Наси, үйүңдө ким бар?

- Атамдар.

- Аа-а, - Азем жер карап унчукпай калды.

- Эмнеге сурадың Азем?

- Мен бир-эки күн туруум керек.

- Эмне агаңдарчы?

- Алардан качкым келет, кол телефон барбы сенде?

- Ооба, качан эле алганмын.

- Номериңди берчи, - Азем курбусунун номерин жазып алды. Анан бирөө башка чапкандай дароо туруп жөнөдү:

- Азем кайда?

- Жакшы кал, - Азем жүгүрүп жетип жол боюндагы таксиге отурду да Ысык-Атага жөнөдү. Алымканга бармак: "Балким ал ооруп жүрүп төрөгөн жылын унутуп калгандыр, эсине түшүрөөр, же башка Алымкан дегенди таанып калаар, бүгүн аны менен ачык сүйлөшөмүн", - деп ойлонуп жолдон дүкөнгө кайрылып азык-түлүк алды да жетип эшигин такылдатса Курман чыкты:

- Чоңойдуңбу Курман? - деди Азем ага.

- Сиз дагы келдиңизби? - деди ал кабак бүркөп.

- Эмне болду?

- Сиз келгенде дайыма апам ооруп калат.

- Ооруп жатабы?

- Үйдө эмес, Бишкекте жатат.

- Силерчи?

- Карындашым экөөбүз эле...

- Качан жатты?

- Көп болду, - Бала кабагын түйө жер карады, - Апамды айыкпас оору менен ооруп калды деп жатышат, - деп ыйламсырап ийди.

- Кандай?

- Рак оорусу менен ооруп калыптыр!

- Ошондой бекен? - Азем шалдырай туруп калды, бир топтон кийин азык-түлүктү Курманга берди да, - Сен капаланба, карындашыңды жакшы кара ээ, апаң сакайып кетет, көрөсүң го сакайып кетет, - деди жүзүнөн өөп.

- Чын элеби, апам айыгып кетеби? - Курмандын көздөрүнөн үмүт оту жана түштү, - Жакшы болуп кетсе кандай сонун?

- Сакайып кетет, силер үйдө боло бергиле, - деп эми артына бурулганда бир аял келип калды.

- Сен кимсиң?

- Таеже, апам айтпады беле, ошол эже, - деди Курман ага.

- Ии-ий айланайын, Азем деген сенсиңби?

- Ооба, сиз кимиси болосуз?

- Мен Алымкандын сиңдиси Жамалкан деген болом.

- Аа-а, сиз анын эмнеси ооруганын билесизби?

- Билбей анан, - Жамалкан Курманга кайрылды, - Сен кире бер Курман, мен азыр кирем, Айнаш үйдөбү?

- Ооба, - Курман тайсалдай баштыкты көтөрүп кирип кетти.

- Жүрөгүм ооруйт деген эле...

- Ооба, эми жүрөгүнө башкасы кошулду.

- Эже, эгерде сиз так билсеңиз Алымкандын кайсыл жылы төрөгөнүн билесизби? - деди Азем Жамалканга карап.

- Билем, мен ошондо он беште элем, токсонунчу жылы май айы эле.

- Демек ошондо эжеңиз он сегизде беле?

- Онду бүткөнүнө бир жылдан өткөн...

- Эмесе мен ал аялдын кызы эмес экенмин да, - Азем бурула берди.

- Азем, эмнеге антесиң?

- Мени төрөгөн аялды издеп жүрөм эже, бул башка аял экен.

- Жо-ок, сен..

- Мен эми түшүндүм эже, мени кечирим коюңуз, такси күтүп калды, - Азем ылдамдап басып таксиге отурганда Жамалкан жетип келди:

- Сүйлөшөлү Азем.

- Эже, убактым жок.

- Бүгүн кал, сүйлөшөлү.

- Эже...

- Түш, мен сага айтып берем, - деди эле Азем кыйыла түшүп таксини жөнөтүп үйгө киришти, - Эжемдин төрөгөн жылы так эле, бирок сага түшүнбөй турамын, - деди үйгө киргенден кийин.

- Фамилияңыздар ким?

- Субанбекова.

- Аа-а, бирок мен сексен алтынчы жылы төрөлгөнмүн эже.

- Андай эмес, токсонунчу жыл болгондо сен он сегиздесиңби?

- Жо-ок, мен уже жыйырма бирдемин.

- Калп, сени эрте жаздырып койгон го?

- Мен токсон үчүнчү жылы мектепке барбадымбы, чоңойтуп жаздырганда дагы үч-төрт жашта мектепке бара албайт да бала, туурабы эже?

- Ал го туура, - деп Жамалкан ойлонуп калды, - Эжем ошол таштап койгон кызын ойлонуп жүрүп оорукчан болду, күйөөсү деле жакшы болчу, кийин ал дагы ооруп көзү өтүп кетти...

- Издеген жокпу?

- Кийин бирөөлөр аркылуу суратса бирөө багып алган деп дарегин бербей коюптур, ошол бойдон издеген жок.

- Демек анын кызын дагы бирөө багып алса керек?

- Азе-ем, ал сенсиң, сенин келип кеткениңди айтып аябай кубанган мага, кийин мен сенин кызың эмесмин дегениңди айтып ыйлады, анан эле ооруп калды.

- Эмнесинен экенин айтпадыңыз го?

- Баланын үйү рак экен, башкасы бүтүп ошол калыптыр, - Жамалкан үшкүрүп Курманга кайрылды, - Чай койдуң беле балам?

- Ооба, кайнап калды, тур нан алып кел, - деп карындашына карады ал.

- Алып келгиле, эжең чай ичсин.

- Эже, мени бекер алып калдыңыз.

- Мен сенин окшоштугуңдан эле билип турам Азем, - Жамалкан ички бөлмөгө кирип альбом алып чыкты, - Мен Кубатбекти жакшы тааныйм, эжем төрөгөнчө бизге баарын берип турду, кийин кызматтан көтөрүлүп кеткенде эжем турмушка чыкты, - деп альбомду ачып Алымкандын жаш кезиндеги сүрөтүн көргөздү, Азем үнсүз карап альбомду барактап узун бойлуу арыкчырай, көздөрү жайнаган сулуу кызды көрдү, бир аз окшошконсуду, бирок жүрөгүнөн кабыл ала албады. Жупуну кийинип чачын алдына салган кыздын тагдыры өзүнө окшоп турганын сезди: "Мен дагы минтип жүрсөм оорукчан болуп калышым мүмкүн", - деп отуруп жүрөгү айланып көңүлү айнып кетти: "Мындай үйдө өспөгөнүнө шүгүр, өмүрү акталбаса керек, кантип ушул үйдө жашап дем алышат", - деп сыртка чыга калып окшуп жиберди.

- Эже, сизге эмне болду? - деп Айнаш артынан чыкты.

- Эчтеке, көңүлүм айнып кетти.

- Сиз менин эжем болосузбу? - деди Айнаш кайра.

- Ооба, - деп койду Азем, жаш кыздын супсунун сууткусу келбеди.

- Эми кетпейсизби?

- Ишим бар, окуйм.

- Окуйсузбу?

- Ооба, сен дагы окуйсуңбу?

- Жо-ок, апам акча болгондо окуйсуң деген.

- аа-а, - деген Азем кайра окшуп кусуп анан эс алды. Кунарсыз үйдө кубанаар деле нерсе жок эле, жатаарга келгенде эптеп жатып калды, түнү бою үстүндөгү төшөктү түрүп салып эптеп жатып чыкты, таң атпай Курман менен Айнаш ойгоно электе кетип калды. Ал дароо эле төрөтканага келди, эми ал Субанбекова Алымкан дегенди издетмек болуп эки акушеркага акча төлөдү сексен алтынчы жылдан токсонунчу жылга чейинкини издетти, бирок токсонунчу жылы төрөгөн Субанбекова Алымкан бар экен, сууй түшкөн Азем эми биротоло үмүтүн үздү, бирок Саткын деген акушеркага телефон номерин таштап: "Эгерде менин төрөгөн энем жөнүндө билип калсаңыз чалып коюңуз, балким бир кабарын билерсиз", - деп табыштап кетти. Ага Айжан телефон чалды, андан кийин Насыйкат чалды, Азем агасыныкына баргысы келбеди, барса эле Арманга жолугуп калчудай болуп туруп алды, анан мейманканага барды, ойлору бир жерге токтобой өзүнөн-өзү бук болду, окуу башталаарына аз калган. Жамал ага бир топ акча берген ойлонуп туруп батир издемек болуп мейманканадан кайра чыкты, анткени ал жерде такыр коошпогон терс көрүнүштү көрдү. Мейманкана деген аты бар болгону менен замандын агымына карап акча кайдан түшсө пенде ошол ыкма менен жашап калат тура. Бирок кыз батир деле издебеди, кечки унаага отуруп үйүнө келди, Айжан аны көрүп эле:

- Азем, кайда жүрөсүң, телефонуңду албайсың, - деп бежиреп кирди.

- Курбумдукунда болдум, - деп калп айтып алып көзүн ала качты, ата-энесинин калп айтуу өзүн-өзү алдоо дегени эсине түштү, негизи өз энесин издегенден, Мелис Акматовичке жолуккандан бери калпты айтканы көбөйгөнүн сезди.

- Курбуңдукунда болсоң деле телефонго жооп берип койбойт белең, биз сары санаа болбодукпу?

- Келдим го?

- Мейли, кийимиңди которуп келип тамак ич.

- Жарайт, - деп бөлмөсүнө кирип кетти.

- Чоңойгон кызды суракка ала бербечи, - деди Төлөбай аялына, - Азем акыл-эстүү, ал билет кандай жүрүштү, көп сүйлөп көңүлүн калтырба.

- Сурап койдум, анын эмнеси бар? - Айжан мурчуңдай карады, - Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр өйдө дейт го, министр болсо дагы аял казан кармайт, өзүнө тың болсо эле дегеним.

- Өзү деле билет.

- Аке, мен башка окууга которулсам болобу? - деди Азем келип.

- Сүйлөшүп көрүш керек, эмнеге которулгуң келет?

- Оор болуп жатат.

- Эмесе мен бир таанышыма жолугуп көрөйүн.

- Ур-ре-е! - Азем кубана агасын кучактап калды, - Рахмат агатайым.

- Секелек эле бойдонсуң да, качан эсиңе киресиң? - Төлөбай күлүп койду.

- Менин алтын агам, эгерде мүмкүн болсо Бейшеналиева искусство институтуна которуп берсеңиз жакшы болот эле, Султан агайга айтсаңыз ээ?

- Ооба, буйруса бүттү дей бер.

- Жакшы болбодубу, - деди Азем, андан кийин тамактанып отурганда Аземдин көңүлү айнып зорго отуруп бир кезде сыртка жүгүрүп чыкты, Айжан бирдемеден шек алып калгандай болду, бөлмөсүнө кирип кеткен Аземдин үстүнө кирди:

- Азе-ем, сага эмне болду?

- Эчтеке.

- Тамак ичпедиң.

- Сууктап калсам керек.

- Эмне түндө сыртта калдың беле? - Сынай карады.

- Сыртта, ойноп келгенбиз студенттер чогулуп.

- Этият бол кыз, сенин кусканың жакшы эмес.

- Эмнеге?

- Боюнда бар аялдар талгак болгондо ошентет.

- Ыя?! - Аземдин көздөрү алая тура калды, - Сиз соосузбу? - деди кайра сыр бербегенге аракет кылып, - Мени ким деп ойлоп жатасыз?

- Азем, мен сага жамандык каалабайм, намыс өзүңдүкү эле эмес бизге да уят, - деп Айжан бөлмөдөн чыгып кетти, Азем ал кетээри менен жуурканга башын катып алып өксүп жиберди, андан бер үч ай өтүп кеткен эле: "Кантип эле, боюма болуп калдыбы, анда канттим, атамдар эмне болоор экен, укса мага нааразы болот го, өзүбүздүн кызыбыз болсо мындай болбойт эле дейт да, эртең врачка жолугуп көрүнүп келейин, алдырып койсом болот да", - деп ойлонуп ыйлай берди, бирок аны тагдыр врачка көрүнүүгө шашып бара жатканда аны аңдып жүргөн Мелис Акматовичтин кишиси унаага салып алып кетти, оозун басып бийик кабаттуу үйдүн алдына алып келди да күрмөсүнөн бычак алып чыгып коркутуп кабат үйдүн биринчи кабатындагы биринчи эшикке киргизди да эшикти жаап койду.

- Акмактар, мени эмнеге бул жерге алып келдиңер, ачкыла эшикти! - деп эшикти тепкилеп жатканда:

- Азем, көктүктү токтот! - деген үн артынан чыкканда кыз селт эте карады.

- Си-из, бул иш сиздин колуңуздан келдиби? - деди үнү дирилдей.

- Эмне кааласам ошону кылам!

- Убалыма калдыңыз, эми эмне керек?

- Сага үйлөнөм, - Мелис Акматович кытмыр жылмая басып келди.

- Эмне-е?! - Азем жыгылып кете жаздады, - Сиз... кантип ушуну айтып жатасыз?

- Айтса болбойбу, мени эркек дейт, же эркек экенимди биле элексиңби? - Күлдү, ал ага жакын келди, - Мен сени жакшылыкча үйлөнөйүн деп жатам.

- Аялыңыз, балдарыңыз турса кантип ушуну айтып жатасыз?

- Алардын колунда баары бар, каалагандай жашай беришет, - Мелис Акматович керсейе бөлмө ичинде аркы-терки басты, - Өмүр бою жыйнаганым он үйдү багууга жетет, сендей кыздын жүзүн картайтам! - деп каткырып чалкалай күлдү.

- Абийирсиз, жүзү кара, убалым жетсин, акмак картаң эшек! - Азем ага жетип чапмак болгондо ал колун кармап калды:

- Мага кол көтөрчү адам төрөлө элек!

- Керек болсо өлтүрөм!

- Эмне? - Мелис Акматович анын колун артына кайрыды, - Ушул жерден тирүү чыгам десең үнүңдү чыгарба! - деп сүйөй диванга барды да кызды түртүп жиберди, - Мени эч ким мындай ызалаган эмес, тынч кана өз эркиң менен макулдугуңду бербесең мени бул жерден чыгарбайм! - деп кызды диванга баса жыгылды, ошентип Азем дагы бир жолу намысын тебелетти, боздоп сыздап жатты, өзүн-өзү өлтүргүсү келип түн бир оокумда ордунан туруп ашканага кирип бычак издеди, куу неме эч нерсе калтырбаптыр, издеп эчтеке таппаганда душка кирип лезьвия издеди, бирок эчтеке таба албаганда душтун суусун агызды да ичине жатып алды, ванна толуп бара жатканда башын чыгарбай тумчугуп өлүүгө даяр болуп дым чыгарбай калганда:

- Оңой кутулам дедиңби? - деп Мелис сууну токтотту да кызды суудан чыгарып алды, - Сен менин аялым болосуң сулуу!

- Эч качан, сага аял болгончо өлгөнүм артык!

- Жок-жок, андан көрө сөзгө кел, макулдашып ата-энеңе алып барайын, - деген Мелис аны чечиндирип кургак кийимди өзү кийгизди, суунун ысыгын кое бербегендиктен муздак сууга калтырап чыккан эле, ороп төшөккө жаткырды да өзү чай коюп кофе алып келди, - Азем, тагдырдан эч кайда качып кутула албайсың, мен сени бир көрүп сүйдүм, эсимден кетип сүйдүм, уйкум качып жинди боло жаздадым Азем, сен мени түшүн, сени көрбөй калган күнүм караңгы булут баскан түнгө окшор эмне кылаар айламды таппай калдым...

- Картайган эш-шек!

- Эмне десең ошо де, ур саба ал тургай өлтүрсөң да кайылмын, тек жанымда болсоң болду эркем, - Мелис Акматович дивандын четине тизээлей калып кызга жалынып-жалбарып жатты, ооба махабат улуу сезим, ал сезимге кабылган дөөбү, падышабы кичинекей аял затынын алдында алсыз болгондой Мелис Акматович дагы ушул чычкак кыздын алдында чөк түшүп турду, сулуулук бир башка, ал эми улуу махабаттын жөнү бир башка эмеспи. Кыз ага пыш деп койбоду, анткени анын жан дүйнөсү азан-казан түшүп, бул өмүрдүн кызыгынан үмүтүн үзүп койгон эле, ал эми терезени ойлоду, жол көзүнө көрүнүп турган эле. Сүйлөп-сүйлөп чарчагандай болгондо ал ордунан туруп чылым чеге баштады, үшүп калган Азем анын сөзүнүн аягын укпай жылуу төшөктөн жаны жай ала уйкуга кеткен. Аңгыча таң атып калды, Мелис Акматович телефон чалып ресторандан тамак алдырды, анан газга чай коюп үстөл үстүн жайнатып Аземдин ойгонушун күтүп отурду. Бир кезде ал көзүн ачып аны көрүп терс карап кетти:

- Азем, кардың ачты го, жүрү тамактаналы.

- Ичпейм!

- Кой Азем, сенин алдыңда кул болууга даярмын.

- Кереги жок, сени көрөйүн деген көзүм жок!

- Мейли, жок дегенде бирдеме ичип алчы.

- Кое бер мени, бул жерге канчага кармайсың?

- Өмүр бою кармаганга кудуретим жетет, качан көзүм жумулганда гана азат болушуң мүмкүн, - деди Мелис башын жерге сала.

- Убалым жетсин, ичимдеги баланын...

- Эмне-е, боюңда барбы? - Мелис кубанып кетти, - Андай болсо мен сенин кулуң болом, айтканыңды аткарам Азем! - деп жаткан кызды көтөрүп алды, - Өзүм сүйгөн аялдан балалуу болот экенмин да?

- Жүзү кара, менден башка көрүнгөн жердеги балдарыңчы? - Азем тырмышып анын колун тиштеп жерге түшө качты, - Сендей бетсиздерди дагы жер көтөрөт экен да акмак.

- Ал ушак Азем, менин башка аялдардан бала жок, өзүмдүн аялымдан үчөө бар, аны танбайм, - Мелис далбастай түштү. Чынында Мелис Акматович канчалаган кыздарды эрмек кылып далайдын убалына калган, көнбөгөнүн кадимкидей уруп жиберчү да, акыры боюмда бар дегенине акча берип кубалап жиберчү. Бир жолу окууга жаңы келген куурчактай сулуу Чачыкей деген кызды уруп койгон эле, ошондо ал оңой эле: "Менин абийириме доо кетирди, бул кыз өзү сойку", - деп ал кызды бирөөгө салып берип туруп милиция чакырып далилдеген болуп кутулуп кеткен. Ошондо Чачыкей: "Ылайым кызың мендей сыздап калсын, кызыңды көрүп сен сызда, тукумуңда кыз аттуунун багы ачылбасын, багы ачылса да зары арылбасын, кыздарыңдын өңү серт болуп, жашка жетпей мерт болсун, мен жалгыз кыз элем, соолуган гүлдөй куураттың, убалым жети атага чейин жетсин, жүзгө жете жашап котур болуп териң жешилип, сүлдөрүң калсын", - деп ыйлап туруп алаканын жайып бата берген эле. Бирок анын баары эсинен чыгып кеткен. Былтыр улуу баласы кыздуу болуп көзү кыйшык, оозу жырык мурду топчудай болуп төрөлүп бир жашка жетпей чарчап калганда бир ойлогон, өзү дагы бир аз тыйыла түшкөн эле. Аземди чын дилден сүйдү, жанын берүүгө да даяр, эми минтип куурчактай алсыз кыздын алдында тизээлеп көзүнүн жашын төгүп турду. Азем мелтиреп отуруп калды, далайды селт эттирген, аты аттын кашкасындай адамдын өзүнүн алдында чөгөөлөп сүйүүсүн таңуулап турганы бир туруп кыжырын кайнатса бир туруп боорун оорутту. Ичиндеги түйүлдүктүн күн санап өсүп жатканын сезип энелик сезим бийлеп алды: "Жо-ок, мен бул баланы алдырбайм, өзүм багамын, мен эне болом, тагдырыма көнүүгө туура келээр, кары болсо да атасы, айтканыма көнсө эл алдында жүзүмдү ачып койсо жашоого туура келет", - деп ойлонуп отура берди. Мелистин кийинки сөздөрү кулагына дагы кирбеди, ошол учурда ичи бүлк этип: "Менин жашагым келет", - дегендей туйлап жиберди. Азем ордунан туруп ваннага кирип көпкө жуунду, ал эми кичинекей туюкбай үчүн жашоого бел байлады. Мелис аны бирдеме кылып өзүнө кол салабы деп саксактап турду, ошол кезде маралдай болуп маңкайган кыз ваннадан чыкты.

- Эмне болду? - деди босогодо турган Мелиске кашын серпе кыйгач карап.

- Сени күтүп турам, - деди Мелис байкуш боло.

- Эмнеге күтөсүң?

- Сүйлөшөлүчү Азем.

- Сүйлө, - деп коюп отургучка отурду да ага тике карады Азем.

- Жок дебе Азем, сага нике кыйдырам.

- Мен жолдо жүргөн аял эмесмин, аттуу-баштуу адамдардын жалгыз кызымын!

- Айтканың менен болоюн, не кыл десең да аткарам, жанына келип эки тизээсинен кучактап калды, - Болгону айт, сен айткандай болот.

- Сен үчүн эмес, капыстан ичимде пайда болгон күнөөсүз пенде үчүн.

- Кечир мени, айтканыңдай кыламын.

- Ата-энемдин алдына аттуу-баштуудан алып барасың, жүз миң сом, бир бээ, ата-энем менен төрт агам, үч жеңеме адеми кийит, айылга той берип алып кетесиң, бир эле жерден жакпаган нерсе болсо колуңду куушуруп келесиң, атама суусар тебетей, апама норка тумак баштан аяк кыласың.

- Баары айтканыңдай болот.

- Эмесе мен айылга кетемин, үч күндө барып кал, болбосо андан кийинкисин өзүң көрөсүң, - Азем ушинтти да өйдө болду, - Эми менин жолумду тоспо!

- Жарайт, жарайт Аземтай, айтканыңдай кылайын.

- Көрүшкөнчө! - деди да Азем мустайган бойдон чыгып кетти, ал бул тагдырына ичине пайда болгон бей күнөө наристеси үчүн баш ийип чечим кылды, эгерде Аземден башка бирөө болсо кантээр эле ким билет, өзүн ойлоду, өзү дагы бир кезде кандайча төрөлгөнүнө билбеген күнөөсүз наристе эмес беле? Эми минтип ичиндеги наристеси үчүн баарына даяр болуп турду. "Мен энемди издеп жүрөм, балам атасыз өсмөкпү, жо-ок андай кыла албайм, пешенем ушул болсо көнбөгөнгө аргам барбы, сыртымдан күлүп, ичимден кан өтсө дагы балам үчүн баарына кайылмын, ата-энем кечирээр, апам го билет арга канча", - деп ойлонуп таксилер токтоочу жайга жөнөп түш оой жетип келди. Окуу башталаарына аз калган кезде келген кызын көрүп ата-эне өздөрүнчө күдүк ойго түшкөнү менен сыртынан жаркылдап тозуп алышты.

Көздөрү муңга чөгүп, жүрөгүндө муң жатканын алар кайдан сезишмек.

- Кызым, ооруп калбадыңбы? - деди Самарбек.

- Жо-ок ата, окугум келбей койду.

- Мейли кызым, аман болсоң болду, - деп тим болду Самарбек менен Жамал.

- Шаардан кыйналып кеттим үйдө эле болоюнчу.

- Өзүң бил садага, маңдайыбызда жүрө бер, - Жамал кызынын азгын өңүн көрүп: "Балакет бас, боюнда болуп калбагай эле, атасы билсе, эл укса кандай болоор экен", - деп бүдөмүк ойго термелип унчукпай калды. Аземдин санаасы санга бөлүнүп түнү бою уктай албай чыкты, ал канчалык тагдырына моюн сунгусу келгени менен көнбөй жүрөгү башка нерсени эңсеп туруп алды, көз алдына керилген жигит тартылып, өмүрлүк жары дал ошондой болуусун каалайт, бирок ичи булк этип жашоого умтулган күнөөсүз наристенин кыймылы анын көкүрөгүнөн кеткис арманын козгоп өмүрүн азап тозокко салчудай сезилет. Ошол кезде Арманды эстеди, анын шыңга бою, саал тармал келген кою кара чачы, жүзүндөгү жылмаюу менен өзүн тигиле караган элеси жан дүйнөсүнө бүлүк сала: "Арман, сен кайдан жолуга калдың эле, мен сени билбеген, Арман деген бир адамдын бул өмүрдө бар экенин билбей тынч жашамакмын, эми сен менин арманым болуп кала бересиң, кечир мени Арман, кечире гөр ардагым, менин сени сүйүп, сени менен сүйүүнүн жыргалын татпаганым менен сенин ар бир мамилең мен үчүн махабатка толтура эмес беле, көз карашың күйүп жүрөгүмө сүйүүнүн гүлүн тартуулап турчу, кош бол менин махабатым, тун сүйүүм", - деп ойлонуп көз жашын төгүп жатып уктап кетти. Ал үчүн үч күндүн өтмөгү тозок болду, бир нерсе болчудай жүрөгү элеп-желеп болуп кандайдыр бир коркунучтуу окуя болуп кетчүдөй кирип чыга берди. Жоробай менен Үмүт дагы үйдө, Чоро кечээ келген, Азем жеңесине акырын чалып Төлөбай менен Айжанды, Төрөбай агасы менен Самара жеңесин дагы чакырып койду да апасына эркелей алма бак тарапка жетелеп барды. Анан болгонун айтып берди да улутунуп унчукпай калды, Жамал дагы үн катпай көпкө отуруп:

- Кызым, ушуну өзүң тура көрдүңбү? - деди.

- Апа, мындан башка аргам жок.

- Кантейин кызым, колумдан келсе го сенин чыпалагыңа тикен киргизбес элем...

- Эмне болсо ошо болсун тим койсоң болмок, бала багылбай калат беле?

- Апа, анда мени көрбөйт болчусуңар, балким дайынсыз өлүп кетет белем...

- Ал кандай кудай урган неме эле? - деп келе жатып кубалаша эки унаа келип короонун сыртына токтоп, артынан грузовой машина келгенин көрүп, - Келди кызым, атаң эмне дээр экен? - деп кызын карады.

- Билбейм апа...

- Булар кимдер болуп кетти? - деп Самарбек дарбазаны көздөй басып барып эшикти ачты эле үч төрт зыңкыйган галстук тагынган ак чач киши менен эки аял көрүндү:

- кулдугубуз бар! - деп бири колун бооруна алганда:

- Кулдугуңар кудайга. Бирок кызым үйдө эле, бул кандай болуп кетти? - деп Самарбек артын бир карап чоочун адамдарды карап туруп калды.

- Куда түшүп кулдук уруп турабыз алдыңызда, - деди бири.

- Болсун-болсун, бул кандай? - деп Самарбек эмне кылаарын билбей калды да, - Кириңиздер, кириңиздер, - деп жол бошото берди. Баары үйгө кирип уй мүйүз тарта отурган соң башталды, тигилердин артынан кулундуу бээ түшүрүштү, эки чоң сумканы көтөрүп киришти, ошондо бир аялы тура калып Самарбектин башына суусар тебетейди кийгизип, кара күл жака ичик жаап, Жамалга норка тумак кийгизип үстүнө отуз миң сомдук пальто жаап калган кийиттерди ары койду да:

- Сиздерде кыз бар экен куда, макулдашып коюшкан экен, бактылуу болсун деп бата берип коюңуз, бул жүз миң сом, - деп алдына конверт койгондо:

- Бул го-о мейли, мен кызымды акча менен малга баалабайм, күйөө болчу жигит көрүнбөйт да? - дегенде сырткы үйдө угуп турган Аземдин көздөрү бакырайып кайра жумулуп көзүнөн мөлт эткен жаш кулады, саамга тынчый түшкөн үй ичинде баары үн катпай туруп калышканда ак чач тамагын жасай:

- Күйөө болчу жигит бул куда, - деп Мелис Акматовичти көрсөткөндө Самарбек түш көрүп тургандай саамга үн катпай какай түшкөнсүдү.

- Болбойт! - деди анан ордунан тура калып, - Менин кызым атасындай немеге тийгидей силерге оюнчук беле?!

- Саке, - деди бири мурдатан сүйлөшүп жүргөндөй, - Кыз буйругандыкы деген, анын үстүнө кыз дагы макул экен, биз менен сиз каршы болгондо чече албайбыз го?

- Эмнеге чече албайбыз, мен кызымды бербейм, сыйыңар менен алып келгениңерди алгыла да жолуңарга түшкүлө! - деп сумкаларын, кийимдерди салыштырып Жамалга карады, - Алып чыккыла буларды!

- Ата! - деп Азем сырттан кирип келди, - Ата мени кечир?!

- Азем, кызы-ым сен...

- Ооба ата, мени кечириңиз, конокторду күтүп алыңыздар! - деди да кайрадан бөлмөдөн чыгып кетти, Самарбек эмне кылаарын билбей отуруп эле калды, сыртта Жоробай менен Үмүт өзүнчө сүйлөшүп турган, Аземди көрүп Үмүт:

- Сен кызыксың го, толгон жигиттер жүрсө сен эмне ушуга кызыктың?

- Жеңе, азыр эчтеке айт албайм.

- Кызык, ушул кантип болсун?

- Кой, өзү жаман болуп турганын көрбөй турасыңбы? - деди Жоробай.

- Койчу ай, ушул картаң немеден эмнени көрөт?

- Мейли, балким өзү жактыргандыр, - дегиче аялдардын бири чыга калды:

- Бүгүн биз кыздын тоюн берип эртең алып кетебиз, кана казан табагыңарды өткөрүп бергиле! - дегенде Жоробай менен Үмүт бири-бирин карап туруп эле калышты. Айткандай эле баарын ала келишкен экен, арыдан бери эки койду союп аш басып дасторкондор жайнап кетти, ошентип бир күнү эл чакырып той берип анан эртеси жөнөтөөрдө Аземдин бир сыйрасын кийгизип жиберип ийишти. Анткени Азем өзү ошентип айтып эчтеке албай койду, Самарбектин айтканына Жамал аны нукуп гана койду. Ошентип Аземди узатышты, Азем келээр келгиче ыйлап келди, Мелис анын бүт кыймылын байкады, аргасыз экенин билди, эки бөлмө үйгө келишти, аны менен баргандар шаарга келгенде эле бөлүнүп кетишкен. Азем алардын ким экенине кызыккан дагы жок, сурабады да, эми ага баары бир болчу, ошол түн, ошол күндөн баштап анын жашоосу тозокко айланган эле. Окуу башталганда ичи билине элек эле, аны искусство институтуна Мелис которуп койду, окуп калды, агалары ага таңгалып эле калышты, бир топ күн өткөндө Айжан телефон чалып келээрин айтты, аны Азем Мелиске айтпады. Баары бар болгондуктан өзү сабактан келгенден кийин тозуп алды.

- Азе-ем, сага жин тийдиби? - деди Айжан учурашкандан кийин, - Эсиң ордундабы деги, акең эмдигиче эсине келе албай жүрөт, жакшынакай жигиттерди карабай карыган немеге тийгениңе жол болсун?

- Жеңе сүйүп калдым, - деди Азем жылмая.

- Жинди болбочу?

- Чын айтам.

- Калп, сенин башыңды бирдеме кылып айлантып алган го?

- Антпей эле...

- Билесиңби, атам ошондон бери эч ким менен сүйлөшпөй жаман болуп жүрүптүр, ошондо мен бара албай калбадымбы, болбосо бирин дагы жолотпойт элем.

- Жеңе, эми баары бүттү, айтканда эмне? - Азем тамагын алып келди, аны менен бирге француз виносун алып келди, - Отуруп тамак ичели андан көрө.

- Сага ичим ачышат.

- Неге? - Азем жеңесин ызалуу жылмая карады, - Менин өзүмө ичим ачышкан жок!

- Ай кызыке ай, балалыгыңдан алдандыңбы, байлыгына кызыктыңбы?

- Жок жеңе, ушундай болушун өзүм кааладым.

- Мейли эми, башка эмне дейин, мен сүйлөгөн сайын жүрөгүң ооруп турганын сезип эле турам, бактылуу бол дейин...

- Тамактан алыңыз жеңе, келиңиз мындан алып коелу, - Азем өзүн зордоп күлүп винодон эки рюмкага куюп бирин Айжанга сунду, - Кана эмесе...

- Бактылуу бол!

- Рахмат, - Экөө көпкө отурушту, анан Айжан үйүнө кетти, ал күнү Мелис келген жок, ошондон тартып ал эки күн келсе он күн келбей турган болду. Арадан эки-үч ай өткөндө телефону чырылдап калдык, караса Арман экен, өчүрө салды, кайра-кайра чалганынан акыры алды:

- Алоо, алоо Арман, жолукпай эле коелучу, унут дебедим беле, жо-ок... - Азем өчүрдү, айла жок кийинип алып жөнөдү, ал өзүн дагы эле аңдытып койгонун сезбеди, болжошкон жерге барып отуруп калды, бир кезде Арман басып келди.

- Салам Азем?

- Салам, кандайсың?

- Жүрөм, турмушка чыгыпсың, куттуктайм.

- Ооба, рахмат.

- Бактылуусуң го? - Арман аны жылмая карады.

- Ооба, абдан бактылуумун, - Азем ага жооп кыла жылмайды.

- Жүзүңдөн көрүп турам.

- Бакыттыбы?

- Ооба.

- Жакшы экен, - Азем мыскылдай күлүп ордунан турду, - Ушуну айтууга чакырдың беле?

- Жо-жок, көргүм келди, - Арман күлүп калды.

- Мениби, же менин бактылуу жүзүмдүбү?

- Өзүңдү, - Арман ошол кезде ары жактагы отургучта отурган адамды байкап калды, - Азем, али көлөкөң кошо жүргөн го?

- Кандай көлөкө? - Азем таңгала карады.

- Акырын, - Арман жаккындай келип шыбырады, - Тигил гезит окуп отурган кишини кара, сыр билгизбей мындай басалык.

- Эмне деп жатасың? - Азем акырын карап алаңдай Арман менен жанаша басып жөнөдү:

- Билгизбе, азыр артыбыздан келет, - Арман аны колтуктай далдоодон өтүп пиво канага киришти, экөө бирден пиво менен шашлыкка заказ берип орун алып отурушканда жанагы адам эч нерсе билбегендей келип бир орунга отуруп калды, - Мына, эми ишендиңби?

- Корком, мен кетип калайынчы.

- Азем, сени зордоп үйлөндү, неге унчукпайсың?

- Сураба Арман, андан көрөм мен кетейин.

- Бирдеме ичип алалы, билгизип койбой тынч отур.

- Эмнеге, эмнеге мени аңдытат? - Азем алаңдап турду.

- Сыр билгизбе дейм, - Аңгыча алдыларына шашлык келди, экөө улам тигил адамды карап коюп отурушту, анан ээрчише сыртка чыгып Азем таксиге отуруп жөнөп кетти, Арман кетип жаткан кезде Жалдан анын алды-артына унаа токтоп тозуп калды, андан бир адам түшүп келди да:

- Экинчи жолу эскертем, - деди буркуйган неме, - Дагы кайталанса сөөгүң сөпөт болот.

- Кимдин итисиң.

- Анда жумушуң болбосун, өз жолуң менен бол! - деди да унаасын айдап кетип калды, Арман отурган жеринде жиндене рулду бир уруп алды:

- Иттер! - деп алды, - Акмактар, бу адамдар өзү эмне болуп бара жатат? - деп жиндене унаасын зуулдата айдап жөнөдү. Бул кезде Азем көлөкөсүнөн коркчудай болуп бөлмөгө кирип шалак отурду, аз өтпөй телефону чырылдады:

- Алоо, ооба үйдөмүн, эмне болду, өзүң эмнеге келбедиң, аа-а макул анда, - деди да телефонун өчүрдү, - Акмак, эптеп мени капаска салып коюп өзү каалагандай жүрсө керек, менин кадамымды кайтартканын кара, - деп телефонун диванга ыргытып ийди эле ал кайра чырылдады, - Ушунун азабы өттү, келбесең ошондон ары өлүп кетпейсиңби! - деп туруп барып телефонун караса Арман экен, өзүн токтотуп, - Алоо угуп жатам, - деди эле Армандын толкунданган калтырак үнү угулду.

- Азем, кел качып кетебиз, сага бул жакшылык кылбайт Азем!

- Арман, бекер убараланбачы.

- Жо-ок Азем, мени тозокко таштап коюп кантип жүрө алам?

- Мени унут Арман, үйлөнүп ал баары жакшы болот, мени кыйнаба, мен өзүмдүн тагдырымдын жазганын көрүүгө аргасызмын, - Азем ыйлап туруп айтты, телефондон билинип турду, - Мени унут Арман.

- Жок, мен сени ал тозоктон куткарып алам.

- Мен анын мыйзамдуу аялымын.

- Жалган, никени окутуп кое берет, ал эми закска тура албайсыңар, мыйзамдуу аялы башка Азем.

- Мен анте албайм.

- Ойлон Азем.

- Эбак ойлонуп чечкенмин Арман, мен эми жалгыз эмесмин, ичимде анын баласы бар, унут мени, бактылуу бол!

- Чорт! - деп алды Арман, ушинткенде Азем телефонду өчүрө салды.

- Арма-ан, мен жаңылдым, аргам жок эми, - деп бүк түшүп ыйлап жатты, күн айга, ай жылга алмашкан убакыт зуулдап зымырык куштай өтө берди. Убактысы жетип Азем уу төрөдү, Мелис Акматович болсо эми айлап келбей калды, үйүнө баарын даярдап берип коет, кээ-кээде келип уулун көрүп кеткени болбосо келбей деле калган. Бир күнү келип:

- Азем, кандай машиналуу болгуң келет? - деди жай отуруп баласын колуна алып.

- Оюма дагы келбейт! - Азем орой жооп берди.

- Кой эми таарынба, каалаган унааңды алып берем, уул таап бергениң үчүн, - Каткырып күлүп өзүнө имере тартты, - Азем, мен сенин жаныңдамын, бирок сен менден таптакыр алыстасың, сенин жаныңда жатып тумчугуп кете жаздайм, - Оор күрсүнүп алды, - Сени зордоп кармап отурганыма өкүнгөнүңдү билем, сен да мени түшүн, андан башка аргам жок эле, сенден улуу экенимди билип туруп эле ошого бардым, сени эсимди жогото сүйдүм.

- Мунун баарын айтуунун эмне кереги бар?

- Сен мени кечирдиңби?

- Кечирген кечирбегенде эмне...

- Уулум үчүн сен каалаган унааны алып берейин.

- Жарайт.

- Эртең права алып келем, паспортуңду бер.

- Макул.

- Мага эч качан жибибейсиң го ээ?

- Жаныңдамын го, колуңдамын мына, эрккиңдемин! - деп Азем ага ызалуу карады.

- Болду-болду, - Мелис саамга туттуга отуруп калды да, - Сен менин башымдан эмнелер өткөнүн билбейсиң, - деди.

- Билгим да келбейт!

- Азем, эмне болду дебейсиңби?

- Эмне болмок эле, аялыңдан чыга албай жүрөсүң да.

- Жок! - Мелис тура калды, - Менин уулум экинчи жолу кыздуу болуп бир башкача төрөлүп калды, үй-бүлөөбүз менен ошондо болдук, биринчи кызы дагы ошондой болгон, балам аялынан көрүп карабай ажырашканы турат, - Оор күрсүнө кайра отурду, - Кызымдын бойго жеткен кызын бирөөлөр өлтүрүп кетиптир!

- Качан? - Аземдин жүрөгү чыдабай кетти.

- Койгонуна төрт күн болду.

- Жаман болуптур.

- Ошондой иштерден улам келе албай калдым.

- Арты кайырлуу болсун.

- Сенин боорукер экениңди билгем, - Мелис аны кучактамак болду.

- Жөнчү, чарчап турам, бала багуу менен алек болуп уйкудан калдым.

- Макул анда, - Мелис муздаткычты карап көрүп чыгып кетти да тамак-аш азык-түлүк алып бирөөлөрдөн берип ийиптир, ошол бойдон бир күнү ал "Хонда акорт", унаасын алып келди, правасы дагы даяр болуптур, Аземди ээрчитип чыгып:

- Эми айдоо гана керек, - деди күлүп.

- А мен унаа айдаганды билем.

- Ыраспы?

- Ооба, атамдын унаасын айдап көргөнмүн.

- Кана анда, отуруп айдачы, - деп жетелеп руль жагына алып келди.

- Мен оң жаккы рулга көнөөр бекенмин? - Азем отуруп айдап бир аз жылдырды.

- Оо азамат, сен даяр экенсиң го, болбосо үйрөтөм дедим эле.

- Рахмат.

- Рахмат айтпа, бул белегим.

- Ошого дагы рахмат.

- Өңү жактыбы?

- Болот.

- Бир чечилип, жарылып жаркырап күлүп койсоң боло, - деди Мелис Акматович кызаңдай карап, - Сумсайган муздак жүзүңдөн ичиркенип алчу болдум.

- Менин күлкүмдү эбак урдап алгансың.

- Кекеткен ушунчалык болоор...

- Мен сени кекетпейм, тагдырыма таарынам.

- Болду эми, таарынычты унут да, баарына баш ийүү керек.

- Баш ийгенмин, ушул наристени атасыз калтырбайын дедим, алдырып коюуга дитим барбады, бей күнөө бир адамды өлтүргүм келбеди, анткени ал мага эне деген ат берди, уктуңбу Мелис?

- Уктум, баарын эбак эле түшүнгөнмүн.

- Анда мени тынч кой, уулуңа келсең келип тур, келбесең өзүң бил, башкысы мен өз адамдыгымды сактап калдым, абийиримди сен төксөң дагы абийир намысым бар эле, атамдын жүрөгүн ооруттум, алар алиге шоктон чыга албай жүрөт.

- Мейли-мейли, мен кеттим, бирок абайла сен кайда болсоң мен ошол жактамын! - деди да чыгып кетти.

- Эмне болсоң ошо бол! - деген Аземдин сөзүн уктубу же укпадыбы каалга тарс жабылды. Азем чукуранган уулун колуна алып мистийип отура берди, ал баарына кайыл эле, ал үчүн анын бүт максаты өлгөн, бир гана баласы үчүн жашап жаткандай, тирүү дегени болбосо өзүн-өзү өлүү жан сымал сезет. Ал мелтейе ойго батып отурганда телефону чырылдап калды, атасы экен, ушунчадан бери ал такыр жолуккан эмес, сүйлөшпөй дагы койгон. Кубанып кетти, эми эле мостойгон жүзүнө кан жүгүрө жылмая:

- Алоо, - деди үнү калтырай, күткөнүндөй атасы эмес Жамал экен:

- Азем, кандайсың кызым? - деди ал акырын үн чыгарып токтоо.

- Жакшы апа, мени кечирдиңерби апа?

- Кечиргенибиз качан кызым, эртең атаң экөөбүз жээнибизди көргөнү барабыз кызым.

- Чын элеби апа? - Аземдин маңдайы жарыла кубанып кетти, ал минтип көптөн бери кубана элек эле.

- Ооба кызым, эртең барабыз, жакшы тур ээ?

- Макул апаке, силерди аябай сагындым, - деп телефонду өчүрдү, өзү ыйлап сүйлөй албай калган эле, уулун өпкүлөп, - Таене, таята келет уулум, менин алтыным атамдар келет, уктуңбу уулум? - деп ыйлап да кубанып дагы бөлмө ичинде баласын көтөрүп алып өзүнчө сүйлөнүп жатканда телефону кайрадан чырылдаганда кубанып кетип карай салса Арман экен, жүрөгү зырп этип алып, - Алоо, - деди эле Армандын үнү угулду.

- Кандайсың Азем?

- Жакшы, өзүң...

- Менде баары жакшы, уулдуу болупсуң куттуктайм.

- Рахмат.

- Акыбал кандай?

- Жакшы эле.

- Уулуң өзүңө окшошпу?

- Ооба.

- Сулуубу?

- Билбейм, азыр жаш да.

- Уулу апасымна окшош болсо бактылуу болот деп коюшат го?

- Чоңойсо билинет да.

- Азем.

- Оов.

- Сени сагындым.

- Кой Арман, сен үйлөнүшүң керек.

- Сендей кыз жок.

- Кантип?

- Кыз толтура, бирок жакканы жок.

- Антпе Арман, үйлөнүп ал.

- Тойго чакырсам келесиңби?

- Кантип, эмнеге?

- Сени дагы бир жолу көргүм келет.

- Кереги эмне Арман, өткөндү эскергенге гана жакшы, жаштыктан калган бир үзүм жакшы күн эсте калсын, биз эскиребиз, ордубузду жаңы муундар басат, ошентип ар бир өмүрдүн өтмөгү да бар тура... - Баласы бакырып ыйлап калды:

- Ыйлаакпы Азем?

- Анча эмес.

- Өзүңдөй өжөрбү? - Армандын күлгөнү угулду.

- Балким, - Азем дагы күлдү.

- Экөөбүздүкү болгондо.

- Болду Арман.

- Атым арман болгонго өзүм армандуумун Азем.

- Сен бактылуу болосуң Арман, бала ыйлап жатат, бошосом өзүм чалайын.

- Атасы экөө сени кызганып жолтоо болуп туруп алды го, мейли эми тамаша, - Арман каткыра телефонду өчүрдү.

- Жинди! - Азем дагы күлдү, - Эмне дейт уулум, сен атаңды тартпа ээ? - деп өөп алды да эмгизип отуруп калды, өзүнчө кыялга батып ата-энеси менен отуруп сүйлөшүп, унаага салып алып шаар кыдырмак болуп жатты. Ошол кезде телефону дагы чырылдаганынан: "Арман, неге эле чаласың, ушул номерди жоготпосомбу", - деп ойлонуп албай койду эле үй телефон чырылдады, барып ала койсо Мелистин ачуулуу үнү шак дей түштү.

- Эмнеге албай жатасың?

- Баланы эмгизип жаткам.

- Атаңдар келе турган болуптур.

- Ким айтты?

- Мага чалды, баланы бешикке салат экен.

- Мм...

- Демек эртең эки адам барат, кой союп конок кылат, мени командировкага кеткен деп айт, калган керектүүнү жиберем.

- Макул.

- Жарайт анда, мен айткандай кыл! - деди да өчүрүп койду.

- Акмак! - деп жини келип жатты, анан атасынын телефонуна чалды, бешик алып келбегиле дегиси келди, бирок анте албады жөн гана качан чыгаарын сурап тим болду: "Кереги эмне мындай ырым жырымдын, кайсы мактангыдай күйөөм бар эле, мен бир торго түшкөн кушмун, кылмышкер сындуу камалып, кадамым кайтарууда, эмнеге бешик алып келет, кайсы ырысыма", - деп дагы ыйлап отурду. Ал күнү дасторконго керектүүнү берип ийген экен үйгө киргизип беришти. Анан ойлонуп отуруп Төлөбай агасыныкына бармак болуп баласын жанына жаткырып байлап коюп унааны айдап жөнөдү. Аны көрүп Айжан жаркылдай тозуп алды.

- Кел-кел Азем, уулуң чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, - Азем инилери менен учурашып анан, - Машинаны киргизип коеюн, - деди Айжанга, Төлөбай жумуштан келе элек эле.

- Эмне машина менен келдиңби?

- Ооба.

- Ой-оой, машиналуу болгонсуң го, кут болсун.

- Ушундан көрө эркин куш болгонум жакшы эле жеңе.

- Түшүндүм, ал кары эшек сени коркутуп эле алып алды.

- Эми аны айтканда эмне, - Азем сыртка чыгып унааны киргизип кайра кирди, Самат менен Санат бөбөк менен ойноп кубанып жатыптыр, Толкун алардан талашып жүрөт.

- Эже, бөбөктү мага бербей жатат.

- Сен ала албайсың, - деди Санат.

- Ыкы-ы, мен деле алайын да-а.

- Аты ким эже? - Самат сурады.

- Азат.

- Аты Азатпы? - Толкун кубанып кетти, - Мага берсең Азатты Санат аке.

- Азыр, мен көтөрүп турайын да-а.

- Сен көтөрө албайсың.

- Көтөрө алам, - Толкун ыйлап киргенде Төлөбай кирди.

- Эмне болду кызым, сени ким ыйлатып жатат?

- Мага Азатты бербей жатат ата.

- Оо кел Азем, үйдө конок бар беле? - Азем экөө кучакташа көрүштү, - Кандай анан, чоңоюшуп жатасыңарбы?

- жакшы эле.

- Оой, барып көрөлү дегиче келип калыпсыңар да? - Төлөбай күлүп наристени колуна алып өөп койду:

- Ата, мага берчи бөбөктү, - Толкун колун сунду.

- Жыгып албайсыңбы?

- Жок, жыкпайм ата.

- Отур ээ, алдыңа отургузуп берем.

- Жаш бала буларга кызык көрүнүп жатат, - Айжан күлдү.

- Жаш баланы чоңойгону көрүшпөсө анан, - Төлөбай дагы күлдү, - Азат жээним өзүм барайын деп келген тура ээ кызым, тагаларына.

- Болду эми, бармактай немени кыйнабай, - деди Айжан, - Уктатсын, эжеңе бер кызым.

- Мейли, алып отура берсин.

- Булар куурчактай ойнойт да.

- Эчтеке болбойт, - Азем күлүп койду.

- Бүгүн бул жерде болосуңбу?

- Ооба аке, эртең атамдар келебиз дейт чалдыбы?

- Чалды, төртөө келет экен.

- Ким-ким?

- Самара, Үмүт анан атамдар.

- Аа-а, жеңем менен сиз дагы барасызбы?

- Чакырсаң барабыз, - деп күлүп койду Төлөбай.

- Атамдар менен барасыздар да.

- Келишсинчи.

- Мен жалгызмын жеңе, боорсок жасай албайм, нан эле коем да.

- Өзүбүз го баары.

- Ошол, жардам берээр эч ким жок.

- Өзүбүздүн оокатыбызды өзүбүз жасап ичебиз да, - Айжан тамашалай күлүп калды.

- Коюңузчу.

- Койбой эле.

- Мен бешикти деле алып келбегиле дегем.

- Ай кыз, анда атамдар себиңди кошо берем деп жаткан.

- Эмне-е?

- Эмне болмок эле? - Айжан оозун ача карап калды.

- Кереги жок, мага азыр эчтекенин кереги жок аке, жеңе атамдарга айтып койгула, анда мен башка жакка кетип калам! - дегенде алар карап эле...

Айсулуу ошондон кийин дүкөнгө өзү отуруп калды, ал күйөөсүн бой келиндерден кызганып калды, Айтолкундан кыйшаңдай сүйлөгөнү ага жакпады. Бирок чоң дүкөндө өзү жалгыз ээ боло алмак эмес, келинин жанына алып алайын десе үй иши калат, анын үстүнө Алтынбеги өтө эле кызганчаак. Дүкөнгө бир жолу коюп койсо ага бирөө сүйлөп койгон экен экөө кызыл чеке болуп барып басылды, Нурисаны кекетип сүйлөбөй да жүрдү. Акылбеги колоктоп үйгө токтобойт, эмне кылаарын билбей дүкөндү ичинен илип Калыбекке барды, ал короо жайын оңдоп түзөп жүргөн.

- Алтынбекти иш кылдырып көндүрбөдүң.

- Эмне болду?

- Мен жалгыз жетише албай жатам.

- Өзүм эле жетишем дебедиң беле?

- Эл деген эл да, бири продуктыга келсе, бири кийим-кечеге келет, сүйлөшүп алгансып бир келсе толуп келет да бирде эч ким жок.

- Мейли, кечинде Акылбекти жардам бер дейм.

- Ошентчи, - деп Айсулуу үйгө кирип чай ичип алайын дегиче дүкөндүн коңгуроосу чырылдады, - Мына, дагы кимиси келди, мен чай ичип алайын, сен барып турчу! - деп Айсулуу үйгө кирип кетти, Калыбек дүкөндү ачса кашайып Айтолкун экен.

- Кандайсыз? - деди ал жайдары.

- Жакшы, кел.

- Келдим, сиздин жардамыңыз керек.

- Кандай?

- Карыз бересиз да?

- Аа-а ошол элеби? - Калыбек арткы эшигин карап койду, - Эмне берейин?

- Эт, май менен күрүч, сабиз.

- Сиздин коногуңуз дайыма эле аш жейби? - Калыбек тийише карады.

- Ооба, өзүм дагы ашты жакшы көрөм.

- Жакшы экен, - Калыбек Айсулуу келе калбасын дегендей тартып бере салды, - Мына алыңыз.

- Рахмат, - Кылгыра күлгөн келин босогодон чыгып кеткенден кийин Айсулуу кирди, ошол учурда дагы үч-төрт кардар кирип калган.

- Соода кылдыңбы?

- Тандап жатышат.

- Аа-а, - деп Айсулуу кийим көрүп жаткандарга барды, - Буларды Бишкектен кымбат аласыз, анын үстүнө кытайдыкы эмес, жок эле дегенде эки-үч жыл кийилет.

- Ороп бериңиз, - деди бир улуу киши, - Мактап калдыңыз алайын.

- Мактабай эле жакшысын айттым, кытайдын кийимдери мына бул жакта, - Айсулуу ороп салафанга салып бере салды, - Буйрусун, жакшылыкка кийиңиз.

- Рахмат, - Кардар салафанды колуна алды, - Баштыгыңыз эле кытайдыкы го?

- Эми салафандар кытайдыкы экени ырас, - Айсулуу дагы күлүп калды.

- Эмне кардардын баарына эле ушинтесиңби? - деди Калыбек ал чыгып кеткенден кийин.

- Эмне болду?

- Тим эле жалпактадың го?

- Койчу Калыбек.

- Кандай болот экен, кардарга минтпесең болбойт.

- Сенин оюң эмне? - Айсулуу күйөөсүнө алая карады.

- Мени болбогон жерден уруштуң эле го?

- Эми өчүңдү алдың, ак чөп башта.

- Сиздерде эт барбы? - деп бир келин кирди, Калыбек унчукпады:

- Бар-бар, канча керек? - деди Айсулуу шыпылдай этти көрсөтүп, - Уй эти, кой эти бар.

- Канчадан?

- Эки жүз элүүдөн, койдуку эки жүз сексен.

- Койдукун бериңизчи, эки кил.

- Жарайт, - Айсулуу шыпылдай тартып бере салды, - Дагы эмне берейин.

- Күрүчтөн бир кил, сабиз менен пияз, - Ошентип кечке соодадан колдору бошобойт, айылдын чок ортосундагы кафесин болсо Атабек менен Назгүл иштетип жатат, буларга а сайын акы төлөйт, канчалык жакшы болуп, аш тойлордо ал кафеге эл келип жактырган сайын Айсулуу инисинин аренда акысын алгысы келбей тим коюп койчу. Анткени аны эки иниси иштетип бир аз ирденип бара жаткан эле. Ал эми өздөрүнө конок келсе ошол жерден тосчу адаттары бар, андайда Калыбек эч нерсени билбейт, Айсулуу инисине билгизбей акча төлөп өнтөлөгөнү өнтөлөгөн. Ата-энеси дагы бакыбат жашоодо оңуп калышты, карыган кезде балдарынын жакшылыгын көрүп көөнү тынган ата-эненин бактысы тоодой эле болду. Дал ошол учурда көп жылдап түрмөдө отурган Айтбек бошонуп келип калды, ага инилери деле кийин барбай калгандыктан тааныбай деле калган, анан дагы Айтбек олбурлуу, кабагы бийик, кашы кара, кара мурут, кырктан өткөн дүңкүйгөн неме, өз айылына келип өзгөргөнүн көрүп чок ортодогу кафе ал өзү дагы кийинки учурда "Общиягалардын" башында турат.

- Ассаалоому Алейкум! - деди кирип эле Атабек көрүп, ал камалганда Атабек бешинчи класста окучу, Айсулуу онунчуда, Кутубеги үчүнчүдө эле окучу, Айтбек өзү жыйырма экисинде түрмөгө түшкөн, Жоробек менен Кумаш ыйлап-сыктап барып жүрүштү, түрмөдө жатып үч жолу кылмыш кылып кесилгенден кийин ага эч ким барбай калган эле.

- Алеки Салам, келиңиз отуруңуз, - Атабек шыпылдай жанына келди.

- Эмнеңер бар?

- Мына, мында бар, - Назгүл менюну алдына койду.

- Баары барбы?

- Ооба.

- Эмесе эки порциядан экини бергиле, даамдуубу? - деп койду.

- Даамдуу, ичип көрөсүз да.

- Жарайт, - деп үңкүйө отуруп калды, Назгүл менен Шекер шыпылдай ага тамак чай ташып жатышты. Тамакты ичип бүткөндөн кийин Айтбек унчукпай туруп бара жатканда Назгүл чебелектеп:

- Сиз төлөп кетпейсизби, эки жүз элүү болду, - деди эле.

- Кийин аласың, - деп чыгып жөнөдү.

- Тууган, бул кылганыңыз болбойт, бир бул жерде ойноп отурган жокпуз да, - деп Атабек келди эле ага кабак тырыштыра карап минтти:

- Иним, тигил жакка эртелеп баргың келбесе жолдон мындай тур! - деп аны көкүрөккө түртүп басып кетти, селдейген Атабек карап эле кала берди. Айтбек ошентип терс кыялын өз айылына көрсөтүп: "Керек болсо таанытып коем, мени көргөндө ийинине кирип кеткидей болушсун", - деп керсейе ата-энесин көздөй жөнөдү. Ал ушул учурда өзү уят болоорун билген жок. Болжолдоп үйүн издеп бирок таппай бара жатып Кутубекке жолугуп калбадыбы кудай уруп.

- Иним, бул айыл абдан өзгөрүптүр, Жоробек дегендин үйүн билесиңби?

- Кайсы?

- Кумаш деген аялы, Атабек, Кутубек деген балдары бар.

- Сиз ким болосуз?

- Баласымын, колуңдан келсе сүйүнчү ал! - деп койду күлүп.

- Мына бул үй, - деп Кутубек унчукпай кошо кирди.

- Деги барбы алар, аман-эсенби? - деп койду короого кирип бара жатып.

- Бар.

- Кирип айтып кой, - деп сыртка туруп калды, Кутубек үйгө кирип унчукпай туруп калды эле.

- Эми эле кетпедиң беле балам, кайра эмнеге келдиң? - деди Кумаш.

- Апа, сыртта бир киши турат, Айтбекмин дейт.

- Ыя?! - Кумаш тура калды, - Айтбек келдиби айланайын? - Калдастай түштү.

- Эмне дейт? - Жоробек дагы козголду, - Ырас айтасыңбы?

- Ооба, мени сүйүнчүлө деди.

- Айланайын каралдым, акыры көрө турган күн бар экен го? - Кумаш аттап-буттай көлөчүн чала кийип сыртка жөнөдү, ушул кезде аргасыздан: "Кырк жылы кабарсыз кетсем да, кыйкырып алдымдан чыгаарым", - деп сыздаган Асанкалый Керимбаевдин саптары эсиңе келет. Ызылдап барып кучактап калышты, анын керсейгенин көрүп Кутубек: "Министр болуп иштегенсип турганын, түрмөдө жүрсө ким жакшы көрмөк эле", - деп ойлонуп ата-энесин карап турду.

- Кир-кир балам үйгө, - деди Жоробек калдактай.

- Кое тур чал, - Кумаш баласына бала күнкүсүндөй мээрим төгө карады, - Кое тур садага, суу алып чыгайын, - дегенде боору ооруп кеткен Кутубек кирип чыныга суу алып чыгып берди, - Балакет салакеттин баары ушуну менен кетсин, башыңа балээ жолобой бакыт жылоолосун, түкүр балам түкүр, - деп башынан айлантып чачып чыныны көмкөрүп койду. Алар кирип кеткенде Кутубек кирбей кафеге кетти, ал үйгө жумуштап келген болчу, ал кафеге келип Атабектин капа болуп отурганын көрүп:

- Мен силерге жакшы жаңылык менен келсем силерге эмне болгон? - деди.

- Бир киши тамак ичип алып төлөбөй кетип калды

- Ким?

- Таанысак кана, бул айылдан мурда көрбөпмүн, - деди Атабек.

- Кандай киши экен? - деди шекший караган Кутубек.

- Узун бойлуу, кара мурут, шпиондой кара шляпачан...

- Ээй ошолбу? - Кутубек сөздүн аягына жеткирбей каткырып кирди, - Ошол бул жерге келдиби?

- Эмне күлөсүң? - Атабек жини келе карады.

- Аке, - Кутубек Атабекти колтуктап ары барып, - Аке, ал биздин акебиз Айтбек экен, - дегенде Атабектин көзү чакчая түштү.

- Койчу, ошол немеби?

- Ооба, азыр үйдө.

- Ой, ал жөн эле бандит го?

- Ошончо жыл түрмөдө жатса соо болмок беле, тигилерди айтсаң эми, алардан өлбөдүкпү? - деп аялдарын карады Кутубек.

- Ошону айтсаң.

- Эмне эле шыбырашып калдыңар? - Алардын жанына Назгүл келди.

- Назгүл, биз уят болдук силерге, - деп Атабек башын жерге салды.

- Эмнеге? - Назгүл экөөнө алмак-салмак карады.

- Эч кимге бул жерде болгонду айтпагыла, уят болобуз, жанагы киши биздин эң улуу агабыз экен.

- Эмне, ал каякта эле?

- Түрмөдө болчу.

- Ыя?! - Назгүл көзү алая Шекерди карады, Атабек түшүндүрүп берди аларга: "Ал түрмөгө түшкөндө жыйырма экиде экенин апам айтканын уккам, биз баарыбыз беш жаштанбыз да...

- Эми кызык болбодубу, бизге эчтеке эмес, кечинде өзү эмне болоор экен биз барганда, - деди Назгүл.

- Кой эми унчукпагыла.

- Эмне демек элек.

- Билген жок да.

- Өзү уялбайбы, ушунча жылдап айылына бир келгенде өзүн көрсөткөнүбү?

- Соо эмес ай, түрмөшүктөр криминал болот дечү эле, - деди Шекер.

- Кабарым криминалисттер мындай кылбайт ай, - деп көпкө сүйлөшүп отуруп анан келгендерди тейлеп кафеде Атабектер калып калмак болду эле:

- Мен көрүп келдим, силерди айта келбейсиңби деп атамдар кайра жиберет, биз менен барып учурашпайсыңарбы, - деди Кутубек аларга.

- Чын эле, баары бир барабыз да, - деп Атабек макул болду. Кафеде Атабек аялы эки баласы менен жашап иштешет, болбосо азыркы заманда чачып кетиши да мүмкүн эмеспи. Алар ээрчише үйгө барып кирип келишкенде Айтбек аларды көрүп көзүн чакчайта карап калды.

- Инилериң, Атабек менен Кутубек, келинчектери менен, - деди Кумаш кубанычтуу карап, - Агаңар менен учурашпайсыңарбы?

- Мен ит болдум, - Айтбек ордунан туруп келип адегенде төш чөнтөгүнөн бир пачка алып Атабекке карматты, - Мени кечиргиле, кана эми учурашсак болот, - деп далдайган кучагын жая экөөнү бирдей кучактап өптү да көпкө турду, - Мезгил дегениң көзгө көрүнбөй өтө берет тура.

- Келиндер, кайнагаңарга жүгүнгүлө айланайын, - деди Кумаш. Экөө ийилип калганда:

- Болду-болду, тар жол тайгак кечүү дегендей башкача жол менен таанышып калдык, эми кереги жок, келе койгула, - деп Айтбек эки келинин дагы бооруна кысып чекесинен өптү, - Бактылуу болгула айланайындар, мени кечиргиле.

- Эмне эле кечирим сурайсың ботом? - Кумаш түшүнбөй уулун карады.

- Бир тартипсиздик болду да апа. Тааныбасты сыйлабас деген...

- Мейли, - деди Атабек эми батына карап, - Биз го мейли, ушунча жылдан бери туулуп өскөн айылыңызга алгач келип отурсаңыз, башка болсо дагы туура болмок эмес, эртең эле айтылып атам менен апама сөз тиймек да.

- Эмне болду эле ботом?

- Эчтеке апа, мен айбандык кылдым, - Айтбек башын жерге салды.

- Келбей жатып элеби?

- Мейли апа, баарын унутуңуз, - Атабек агасын карады, - Эгер билсек сизден акча алмак белек, бул акчаңызды өзүңүз алыңыз кереги тиет, - деп акчаны өзүнө карматмак болду эле ал албай койду:

- Айсулуу кайда, турмушка чыккандыр?

- Айсулуу тиймек турсун келин алып кыз берди.

- Оппа-а, ушундай де.

- Ооба балам, - деди баятан бери сүйлөбөй отурган Жоробек, - Балдар иштетип жаткан ашкананын ээси да ошол.

- Демек тың турат экен да?

- Кудайга шүгүр, - Кумаш башын ийкеп койду.

- Айсулууга телефон чалгыла, - деди Жоробек.

- Эжеме мен чалайын, - деп Кутубек сыртка чыгып бара жатканда:

- Бул жерден эле чалбайсыңбы? - деди Жоробай.

- Азыр эми сүйлөшөйүн, - деп болбой чыгып кетти Кутубек.

- Эжесинен сүйүнчү алганы жатса керек, - деп күлүп калды Кумаш.

- Ата, апа мен бир эки эле күн турам, иштерим бар, - деп Айтбек ата-энесин карады.

- Чай коюп тамак аскыла келиндер, Айсулуу менен Калыбек келип калат, - Кумаш эки келинине кайрылды. Алар өздөрүнүн ишине киришти, Айтбек чөнтөгүнөн эки пачка акча алып чыгып Жоробекке берди, Атабек менен Кутубек аны карап турушту.

- Ата, келиндериңердин көрүндүгү, - Атабекке кайрылды, - Бүгүнкү осолдугум үчүн кечир иним, төлөп эле коймокмун, бирок кежирлигим карыганча калбады.

- Эчтеке эмес, өзбүз го?

- Кайда кетесиң балам, үйлөнүп түтүн булатсаң боло, жашың кырк бешке келди, - деп Кумаш тынчсыздана карады.

- Жок, иштерим бар, Жолдубек агамдар жакшы ж үрүшөбү?

- Баары эле кудайга шүгүр, сен эле элден журттан бездиң.

- Жашоо ошондой апа, эми картайганда кайдан үйлөнмөк элем? - Айтбек күлүп койду, аңгыча эшиктен кобур-собур чыгып Айсулуулар киришти, кучакташып көрүшүп, ыйлап-сыктап анан орун алышты, бабырашып баары биригип отурганда Айтбек, - Бирөө жетпей турат, Нурсулуу жок го? - деди.

- Ал алыска турмушка чыккан.

- Оо, аны азыр көрө албайт экенмин го?

- Эмне, кайра эле кетесизби? - деди Айсулуу.

- Ооба, эки-үч күн турам го.

- Эми үйдө эле болбойсузбу?

- Жок карындашым, жумуштарым көп.

- Кетпей эле кой десе... - Кумаш ойлуу сүйлөдү.

- Жарыктык десе, каякта болсо бир өмүр эмеспи.

- Эртең эртерээк түлөө өткөрөлү, - деди Жоробек балдарына, - Коңшу колоңду чакырып уулумдун келгенине бир түлөө өткөрбөсөк болбойт.

- Ооба, биз кетели анда, эртең эрте келебиз, - деди Айсулуу.

- Келиндер тамак жасап жатат, отургула капырай.

- Жок, эртерээк баралы, - деп Калыбек экөө болбой кетишти, эки келини ашканада өздөрүнчө шыбырашып жатты:

- Коркунучтуу киши экен, үйгө келгенде коркуп кеттим, - деди Шекер.

- Мен дагы, ашканада эле коркконмун, - Назгүл аны нукуду, - Тигилер укпасын, кантсе дагы бир тууган да, ичтери тырышат.

- Чын эле.

- Кетип калса экен.

- Ошону айтсаң, бул жерде эмне кылмак эле.

- Түрмөдөн келгендерди эл деле жакшы көрбөйт.

- Ооба да, өзү дагы шумдук киши экен.

- Ай бул акебиз криминал го ыя? - Назгүл абысынын карады, - Байкадыңбы?

- Эмнени?

- Түрмөдөн чыккан адамдын колунда кайдан акча болмок эле, жана биздин акебиз келди түрмөдөн дегенди укканда тыйыны жок үчүн ошентти го дегем, көрдүң го өзүң пачкалаган акча чыгарганын.

- Чын эле.

- Этият болуш керек, - деп улуулук кылып Назгүл абысынынан акылдуулук кылгандай болду, алар тамагын жасап алып келишти, мурдагыдан кенелип калышкан эле, казанында эт кайнап, дасторкону берекелүү, канткен менен балдары тирчиликке көнүп, турмуштун катаалдыгын жеңүүгө аракет кылып калыш кан эле. Эртеси түлөө кылып кудаларын, коңшу-колоңдорун чакырып чай беришти, алардын ичинен шаарда крупный соода кылган бир жигит кошо келип Айтбек менен жапылдай учурашып калды. Анын шаарда дүкөндөрү, кафелери бар эле, ошол кафесин бир тоноочудан салыктан куткарган болчу.

- Ой аке, сиздин өзүбүздүн айылдык экениңизди билбепмин, - деди ал кошоматтана.

- Эчтеке эмес, эсиңде болсо болду.

- Эми айылда болосузбу?

- Жо-ок, айылда эмне бар?

- Туура-туура.

- Өзүң качан келдиң эле?

- Иним үйлөнгөн, эртең кетмекмин.

- Аа-а жакшы, жакшы.

- Аке, сиздин айылга аман-эсен келишиңизге куттук болсун, - деп Эрназар чөнтөгүнөн беш миң сом алып чыгып чөнтөгүнө салды, - Чай ичип коюңуз, коңшубуз да, чакырганынан келе калганмын, сиз экениңизди билгенде...

- Тим койбойт белең, - Айибек керсейе күлүмүш этти.

- Кантип, сиздин жакшылыгыңызды...

- Жок-жок, ашыкча мактоо кажет эмес.

- Макул анда, куш келипсиз, туулган жерге, мен барайын, - деп Эрназар коштошо үйдөн чыкты, андан кийин дагы бир топ жигит келип учурашышты, алар айылдын көзгө көрүнүктүү бизнесмендери эле. Айтбекти түрмөдөн келди деп жүз үйрүбөй калың элдин урматтан учурашканы Атабек менен ата-энесин таңгалдырды. Көрсө элдин ичинде ушак эмес жакшы сөздөрдүн жүрүп жатканына аз эле болгон экен, ал буларга жете элек тура. Айтбектин түрмөдөн чыкканына үч жыл болгон, түрмөдөн чыкканда аны общягалар кош колдор тозуп алышат, жашаганга үй даяр, ичкенге ашы даяр, алардын иши бир башка эле, өздөрүнө тиешелүү карамактан налог алып турушчу, бир жолу аларга белгисиз бир топ алардын жолун тороп алаар акчаларынан кол жууп калышканда Айтбекке келип арызданышты эле ал ар бирине тапшырма берди. Алардын кандай топ экенин билип башчысын алып келишкенге. Көрсө алар мадыра баш балдар экен, башчысы уурулук менен отуруп келген, Айтбекти көрүп ыйлап ийди. Анткени түрмөдө анын "ордун" билчү. Ошондон тартып алар өз жолу менен болуп алардын карамагына тийишпей калган. Айтбектин өз бөлүгү бар, алар элдин алына карап иш кылчу, көп талап тоноочу эмес, бир гана "тариф" менен алчу салыкты. Ошондо көп жигиттер Айтбектин кеңдигине ыраазы болуп калышкан, айрыкча жерин сураштырганды жактырчу эмес, адамдардын баарына бирдей эле. Эми ошолор анын жердеши экенин билгенде ага кошоматтанып акчаларын аябады го чиркин. Ким эле иче турган тамагына түкүрсүн, анан дагы коргоочу коргоп азыркы бизнесмендерге эки көздөй керек болуп калбадыбы. Атабек менен Кутубек агасы жөнүндө билчү эмес, чөнтөгүнө акча салып жатканын көрүп баштарын көтөрүп калды. Эми айта кетчү нерсе Айтбек өз элине келгендеги алгачкы кадамы жөнүндө, ал атайын өзүн бул айылга тааныткысы келген эле, минтип өз бир туугандары менен келиндерине сына түштү.

- Эми мен кетейин, - деди эки күн өткөндөн кийин Айтбек ата-энесине.

- Кетпей эле койсоңчу балам, - Кумаш кыйылды.

- Жок апа, айылда эмне кылам, эми тез-тез келип турам.

- Үй-бүлөө күтүп бала-чакалуу болуп гүлүң бир жерге додо болсо болот эле.

- Шашпа апа, үй-бүлөө дагы болот.

- Болот дегени эмнеси? - деди Жоробек, - Сендейлер келин алып небере көрүп калышпадыбы, карыганча жүрө бересиңби?

- Кабатыр болбогула, буйруса баары болот.

- Жакшы эле талааладың, эми үйгө байырласаң боло, - Кумаш кейий карады, - Сени ойлонуп жүрүп биз деле карып калдык, балдар жаш болуп, колубузда жогунан артыңдан бара албадык, кудайга шүгүр Айсулуу балдарды оокатка үйрөтүп кичине эл катарына кошулуп бара жатабыз.

- Апа, кабатыр боло бербегиле, мен берген акчага мал алып койгула, жардамым ошол болсун, эмдиги жылы бул үйүңөрдүн ордуна заңгыраган үй тургузам.

- Эми биздин эмнебиз калды, инилериңе баш көз болсоң болот эле, өзүңчө үй жай күткөнүң дурус ко балам, - деген Кумашты жайгарып коюп жолго чыкты, ал таксиге отуруп кетип жатканда аны узаткан кемпир-чал көздөрүнө жаш ала артына бурулушту. Айткандай эле кийинки жылы Жоробектин эшигине мал толуп бир топ ирденип калды, үйүнүн жанына эки кабат үй тургузушуп күздө кирип той беришти, жетимиш бештен ашкан Жоробек кайкалап өзү теңдүү чалдар менен тогуз коргоол ойлоп көңүлү ачык, Кумаштын башында үйгө кийгени менен сыртка кийери бирдей болсо эми аппак чачыктуу жоолукту салынып, намиркен маасы кийип, үстүндө мода болуп жаткан кыргыздын сайма чапаны, көйнөгү бүлкүлдөк-сүлкүлдөк баркыт, неберелерин жанына алып айыл үйгө каттап, улуу-кичүүгө сөзү өтүп калган. Ошол жылы Айтбек жаш кызды ээрчитип келди, анан сулуулугунда сөз жок эле, үйлөнүп тойчук берип кайра кетти, кайра эле ата-энесин унаа менен алдырып алды, бир туугандары да барган, көрсө өзүнүн үйү заңгыраган эки кабаттуу кең короолуу экен. Бир туугандарын чакырып аялынын төркүндөрүн тозду, бул Сезим аттуу кыз эле, ал дагы ата-энеси жок бир эжелеринин үйүндө чоңоюп кордук көрүп качып кетип уурулук менен отуруп чыккан, ошондо Айтбек менен сүйлөшүп калып экөө турмуш курууга макулдашкан, жыйырма бештеги солкулдаган келин. Турмуш арабасы ар бир эле пендени өз каретасына ар кандай жагдайда сүйрөгөндөй булар дагы ошол жолдон кездешишкен. Жоробек менен Кумаштын көңүлдөрү эми тынып, ачуунун таттуусу, азаптын артында жыргалы бар экенине ыраазы боло бактынын кучагында балкып карылыктын татымдуу тузун татканына шүгүр кылып калышты. Дал ошол агасынын үйүнө келе элек, агасынын үйүнө келгенин көрө элек Нурсулуу шаарга келип соода кылып калды. Ала ата-энесине бир барып анан шаарда соода кыла турганын айткан эле, күйөөсү экөө чоңойгон үч баласы менен келишкен, болгондо да үй сатып алып анан контейнерде соода кылышат. Кайын журту тың болгондуктан эң улуу баласын бөлгөндө үйүн даярдап, соодасына акча берип бөлгөн эле, жаңы үйү заңгыраган бийик дарбазалуу кызыл кыштан тургузулган. Жанындагы эки кабат үйдө киши жоктой көрүнчү, кээде гана кара мерстин кирип чыкканы болбосо тынч эле, азыр телефон деген жакшы болуп калбадыбы, Айсулуу Айтбектикине товарга келгенде келип калып Нурсулууга чалды.

- Алоо, Нурсулуу шаардасыңбы, мен Бишкектин Ала-Тоо конушундамын, сен келип кал! - деп дарегин айтты эле бир сааттай убакыт өткөндө ал өзү келип калды, эже-сиңди учурашкан соң.

- Эже, жүрү үйгө кирели, кимден уктуңуз бул жерде экенибизди, - деди Нурсулуу.

- Сенин үйүң ушул айылдабы? - Айсулуу таңгала сурады.

- Ооба, бул тамды сатып албадыкпы.

- Эмне-е? - Айсулуу агасынын үйүн бир, сиңдисинин үйүн бир карап аны сынамак болду, - А бул үйдө ким жашайт билесиңби?

- Жо-ок.

- Биз сатып алганбыз, өзүң көп каттабайсың.

- Чын элеби? - Нурсулуу ишенкиребей карады, - Үй алабыз деп айткан жок элеңер го эже.

- Айтпай эле алып койгонбуз.

- Бир кара мерс кирип чыкканын көрөм.

- Жүр анда, үйгө кирели.

- Жакшы болуптур, эми бул жерге ким келет, силер келбейсиңер да.

- Акылбек үйлөнсө келет, - деп Айсулуу жылмая үйгө ээрчитип кирди, Айтбекке Нурсулууну ээрчитип келем деп айткан, алар Сезим экөө дасторкон даярдап күтүп жатышкан.

- Эже...

- Кир, эмне болду? - Айсулуу күлдү.

- Чоочун адамдар бар го?

- Каттабаган өзүңдөн көр, өткөндө дагы чакырсак келбедиң, агабыз менен учураш эми, - деп Айсулуу босогого келгенде шыбырады, - Аялы бар.

- Жана эмнеге айтпадыңыз.

- Эми уктуң да.

- Кызык, кантип учурашам? - деп экөө босогодо турганда Сезим чыга калды:

- Келгиле.

- Саламатсызбы...

- Саламатчылык, үйгө киргиле, - Ошентип алар үйдүн экинчи кабатындагы конок бөлмөгө кирип келишти, Айтбек карындашын кучак жая тозуп алып кучагына кысып көпкө турду:

- Демек баарыңар бой жетипсиңер да.

- Өзүбүз эле эмес балдарыбыз бой жетти аке, - Нурсулуу күлүп калды.

- Бу карындашыңыздын үйү бул эле турбайбы, - деди Айсулуу күлүп.

- Кайсы?

- Оң жактагы кирпич там.

- Ээ ушул жердесиңерби?

- Бир ай боло элек, жаңы эле сатып алдык.

- Ошондой, мен үч жылдан бери турам, бирок ал үйдүн ээсин таанычумун.

- Кредит алып төлөй албай калып үйүн сатты го.

- Ошондой деп укканмын, жакшы болгон тура, кечки оокатты, эртең мененки жылытманы жеңең менен доолашып турганга, - Айтбек каткырды, - Бу сен неге төркүнгө көп каттабайсың, же күйөөң катаалбы?

- Жо-ок, жол алыс аке, балдарым эми чоңоюп келе жатат.

- Алды канчага келди?

- Бешинчи класста окуйт.

- Аа-а, жаш экен, - Алар сүйлөшүп жатканда Сезим семиз эт менен баскан үймөлөктөгөн пловду алып келип калды, - Үйгө баарыңды чакырдым, сен келбедиң.

- Кайнатам ошондо бизди бөлөм деп балдарын чакырып энчисин бөлүп калды, анан мен барам деп айта албай койдум.

- Айылга үй салдым, той беришти, анда келбедиң.

- Анда улуу балам сарык менен ооруп калып ооруканада жатканмын.

- Шылтооң даяр экен, - Айтбек күлүп калды, - Кайда соода кыласыңар?

- Аламединде, контейнер сатып алганбыз.

- Азамат, кысым жокпу?

- Жо-ок, - Нурсулуу түшүнгөн деле жок, ал соодада кандай болоорун али биле элек эле.

- Жакшы анда, кана карындаштарым, жеңеңдин тамагы муздап калбасын, - деп Айтбек жилик устукандап койду, - Эми кечинде күйөө бала, балдар болуп келгиле, таанышып кенен отуралы, Калыбек дагы келет.

- Макул аке.

- Да-а, мезгил учкан куш экен, мен кеткенде сен кичинекей эле кыз элең да, - Оор күрсүнүп алды.

- Бул эмес мен мындай көрсөм таанымак эмесмин, аябай өзгөрүпсүз, - Айсулуу күлдү, үчөө аркы беркини сүйлөшүп отурганда Сезим аралашкан жок, ал жөн гана чай куюп отура берди, андан кийин Калыбек келди, Нурсулуу күйөөсү Темирге телефон чалып тез келип кал деп айтып өзү үйүнө кетти, анткени үч баласы үйүндө эле, ошол күнү алар бир туугандарча сүйлөшүп отурушту. Ошентип бөксөсү толуп, кемигени кошулуп бир кезде өп-чап жашаган үй-бүлөө балдары турмуштан өз-өз ордун таап минтип бактылуу өмүр сүрө башташты, Айтбек деле дили таза, бирөөгө жамандык каалабаган жигит эле, колдорунда жоктун айынан бирөөнүн тилине кирип уурулукка кирип кармалып калган. Түрмөдө жүргөндө өзүнө тийишкендин катыгын берип кор болгон жок, анткени бой келбети келишкен, алдуу күчтүү жигит эле, кийинчерээк авторитет кармап калган. Криминалдуу дүйнөгө катышпады, жөн гана сырттагы общягаларга башчы болуп ичтегилерге каралашып турат, болгон жаңылыктарды жеткирип алардан товар алып соодалап берип акчасын өздөрүнө берет. "Сары" деген кличкалуу авторитет аны өзү менен бирге криминал чөйрөсүнө азгыргысы келди, бирок Айтбектин бир айткандан кайтпаган өжөрлүгүн, катылса соо койбосун билгендиктен түз мамиледе калган. Сезим кош бойлуу болуп калгандыктан ооруп жатып калган, Айтбек ата-энесин үйүнө чакырды, алар келгенче Сезим тура албай катуу ооруп жатканда Нурсулууну чакырды. Ал келип аны ээрчитип врачка көрсөтүп келди да өзү базарга кетти.

- Эмне деди? - Айтбек алар келээри менен сурады.

- Кой бойлуу кезде боло берет дейт, - Сезим үлдүрөдү.

- Дары берет бекен?

- Берди.

- Ала келдиңби?

- Ооба, - Сезим кабагын бүркөй карады, - Айтбек алдырып эле коеюнчу.

- Эмнеге? - Айтбек чекесин тырыштыра карады.

- Кыйналат экенмин.

- Болбойт, өзүм элүүгө жакындаганда бала көргөнү жатсам...

- Кускум эле келип жатат.

- Эчтеке, көргөндө көөнүм айланат.

- Алма жегенин көрдүм эле талгак аялдардын.

- Бир нерсе айтайынбы?

- Айт, айта бер.

- Осурактын жытын жыттагым келет.

- Эмне, ошо кантип болсун?

- Ошо, туалетке барганда жыргап калам.

- Анда бир бокко татыбаган бала төрөйсүң го?

- Ошону үчүн алдырып коеюн деп жатам.

- Кой! - Айтбек чоочуп кетти.

- Анан ушинтип төрөгүчө жүрө беремби?

- Ага чейин бир аз оңолуп каласың.

- Ошондой болобу? - деп жер карап үңүрөйдү, Жоробек менен Кумаш келип жүрүп калышты, ошондо Кумаш келинине сүзмө алып келип койду эле, андан эзип ичип оңуп калды, ошентип Айтбек ата-энесин көпкө алып жүрдү, анын кайда иштегенин билбейт, бирок жегени казы карта, кул жебестер. Нурсулуу ата-энеси келгенден бери бат-бат келип турат, көп каттабаганга балдары чоочун болуп калган эле, эми көнүп калышты. Абай эң улуусу, алтынчы класста окуп калган, Атай төртүнчү класста, Акайы экинчи класста, кичи пейил чыйрак, жакшы окуган балдары бар.

- Абай кандай окуйсуң? - деди Айтбек бир күнү.

- Жакшы эле.

- Ноутбук алгың келеби?

- Ооба, апамдар кое тур деп жатпайбы.

- Соткаң бар экен, мен ноутбук алып берейин.

- Чын элеби? - Абай кубанып кетти, - Ой, ээ-сть!

- Кана кеттик, унаага түш, - деди Айтбек, ошол күнү ага ноутбук алып берип кайра келди, Абайдын кубанганын айтпа, дароо светке сайып кирди эле:

- Билесиңби балам, бузуп алба, - деди Кумаш.

- Ой таене, билем эле.

- Айланайын десе, заманыңарга жараша көрө бергиле.

- Мен дагы алдырам, - деди Атай ага.

- Сен эмне деп жатасың, экөөбүзгө болот, - Абай инисине карай ороңдоду.

- Мага бербейсиң да.

- Үйрөтөм да, анан сен дагы колдоносуң.

- Чынбы? - Атай агасынын жанына отурду.

- Урушпай карасаңар жетет го балдарым.

- Апа, балдар ошентет да, биздин кичинебизде мындай жок эле, анан дагы менден кийинкилер кичинекей болуп билбей калдым, анан дагы арабыз беш жаштан экен, мен чоңойгондо алар жаш эмес беле? - деди Айтбек.

- Ооба балам, алыс-алыс болду араңар, - Кумаш үшкүрүнө жылмайып алды, - Мына сен кырк алтыга келдиң, Айсулуу болсо кырк экиде, Атабек отуз алты келди, Нурсулуу отуз экиге, Куту отузга келди, ошентсе деле баласыңар мен үчүн.

- Жарыктык, эми бакыбат өмүр сүрүңүз, - деп күлдү Айтбек, - Эми сизге тиш алдырып берейинби?

- Оо койчу балам, жетимиште мага тиштин эмне кереги бар?

- Кереги бар да, жок дегенде нанды тың жейсиз?

- Кой айланайын, тим эле кой.

- Ой апаңарга карайсыңар да мени ойлобойсуңар да, тишти мага салдырып бер, - деп Жоробек күлдү, - Мен дагы сөөк мүлжүп, айылга барганда Кушубек менен Бөкөгө мактанып калайын атасынын гөрү.

- Койсоңчу ай чал, эми сексендин кырына келгенде сага ким коюптур?

- Койбой эле, салып берсе салдырам эле, - Жоробек култуңдап койду.

- Экөөңөргө тең салдырып берем, - Айтбек күлдү, айткандай эле ал болбой эле өзү алып барып тиш салдырмак болуп көрсөттү, экөөнүн тең бир-экиден тиш дүмүрлөрү бар эле, дароо эле калпын алдырып он күндө салдырып берди, Кумашка керамика салдырды эле экөө тең көнө албай жүрүштү, Сезим бир аз өзүнө келип калганда аларды Айтбек өзү айылга жеткирип келип кетти. Алардын тишинин салынганын көрүп келиндери таңгалышты. Коңшуларын үйгө чакырып базарлык ооз тийгизмек болгон Кумашты көргөн өзү теңдүү Седеп:

- Ой, сен жашарып калгансың го? - деди эңкейе калып.

- Балам тиш салдырып берди, - Кумаш ортого бир бөтөлкө койду, - Базарлыгым.

- Ой-ий, бизге деле болот экен да.

- Мүлкү болсо эле болот экен, кудай жалгап мүлкүбүз жоюлбаптыр, Жоробек дагы салдырды.

- Кут болсун ай, экөөңдүкү канча болду?

- Бала билбесе, биз кайдан билет элек, ошо билет да.

- Көнүп калдыңбы анан?

- Адегенде көнө албай жүрдүм, эми оңуп эле калдым, - Кумаш айтарга сөз таппай эле кубанып турду, - Жакшы болот экен, нанды да жей албай калдым эле.

- Капырай десең, оңупсуң курдаш, кемирейип эле калдык, - Седеп шыпшынып алды.

- Анан эмесе, оңуп калат экенсиң.

- Көр байкушум, көрө бер, ушул балдарды кандай гана күндө бакпадың, - деп Седеп ого бетер шыпшынды, - Жоробек кайда кеткен?

- Ал өзүнүн чалдарына кетти го эки айдан бери сагынган го? - Кумаш күлдү.

- Тең-теңи менен деген ошо да.

- Кудайга шүгүр айланайын, балдарыбыз өз-өзү менен болуп калды, - деп Кумаш коңшуларына кубанычын жашыра албай турду.

- Ай Кумаш, пенсия тийгенде бир чогулуп отурбайлыбы? - деди Айсары.

- Балдар эмне дейт ботом?

- Отурса отуралы, - деди Седеп, - Балдар эмне бизди тушап коймок беле?

- Акча чогултуп касса ойнойлу.

- Мейли.

- Миң сомдон беш кемпир отурсак болот да.

- Ой жо-ок, эки миңден кылалы, - Айсары күүлөндү, - Эки же үч миңден болсун.

- Беш кемпир атанып кетпейли, - деп Кумаш күлдү.

- Айта берсин, баса биз жетөөбүз да.

- Чын эле.

- Анда эки миңден ойнойлу, - дегенде Кутубек келип калды.

- Келиңиздер.

- Келдик айланайын, ашканада ишиңер болуп жатабы?

- Болуп жатат.

- Жакшы кылдыңар, эми биз дагы отуруш кылсак ошо ашканага барабыз да, - Айсары саал кызыганга бүлкүлдөй күлүп калды.

- Сиздерби, отурушпу? - Кутубек таңгала күлүп сурады.

- Ооба биз, эмне кемпирлер киши эмес бекен, некен-окон барып ашканадан тамак ичип турабыз.

- Жакшы-жакшы, клиент болосуздар го анда?

- Ананчы, тамакты өзүбүз заказ менен жасатабыз.

- Болду-болду, - Кутубек чыгып кетти.

- Тообо, бизди киши деп ойлошпойт ай, карып калган неменин көкүрөгү көңдөй дешет го, бизде дагы жүрөк бар экенин, тирүү жандын жүрөгү картайбасын билишпейт, - Седеп нааразы боло жанындагыларга кайрылды, - Айылды таңгалдырып жети кемпир өзүбүзчө бир шарактабасакпы.

- Кудай буйруса.

- Эми кетели, - деп Айсары аялдарды карады.

- Кут болсун Кумаш, балдарыңдын ырахатын көрө бер.

- Айтканың келсин.

- Мактангыдай эле болуп калдың эми, кудай кут кылсын, - дешип тарашты, Кумаштын арагын ичип тамагын жеп алып үйдөн узагандан кийин Седеп минтти:

- Жанагы түрмөдөн келген баласы бандиттер менен иштешет имиш дейт.

- Ким көрүптүр ботом? - Салия аны жаман көрө карады.

- Баары эле айтып жатышпайбы.

- Жана Кумаштан сурабайт белең анан?

- Укканымды айттым да.

- Жакын коңшусуң, айта бер, - деп Салия менен Айсары ары жөнөштү.

- Седеп кошулбай эле койсун, - деди Айсары.

- Ооба десең, ушул жашында ушакты эмне кылат, укса укмаксан, көрсө көрмөксөн эле болбойбу, жаш келиндей селпилдебей.

- Капырай десең.

- Кой мейли, - деп Айсары бөлүндү, Седеп эбак эле үйүнө кирип кеткен, ошентип жай турмуш, бай турмуш өз нугу менен өтө берди. Акылбек Бишкекке кеткен эле, тагасы аны бир жумушка киргизмек болгон, бирок күндө чыгып кетип эле кеч келет, шаардан өзүнүн классташтарын таап колоктоп жүрө берет, колунда сотка, кулагында наушник. Ал тагасыныкына келе жатканда бир кыз көргөн, ошону дагы жолуктурам деп ойлонуп такыр көрө албай койду. Акыры үмүтүн үзүп шылкыя тагасынын үйүнө келе жатканда алды жагынан чыга калса болобу, кубанып кеткен жигит адегенде сүрдөй туруп калды да аздан кийин өзүнө келип кыздын артынан жете келди.

- Сулуу кыз, таанышып албайлыбы?

- Кыз экенимди кайдан билдиң? - Кыз орой карады да басыгын улантты.

- Эркексизби анда?

- Келинмин, күйөөм бар.

- Чын элеби, андай балдарыңыз да болуп жүрбөсүн? - Акылбек ага ишенбей эле катарлаша калды.

- Ооба, бир уулум бар.

- Атыңыз ким?

- Айымкыз.

- Атыңыз жакшы экен, менин атым Акылбек.

- Акылбек, - Айымкыз токтоп ага карады, - Менин күйөөм, бир балам бар.

- Чын элеби? - Күлүп ишенбей турду.

- Менин калп айтчу өнөрүм жок, турмушка чыкканыма эки жыл болду, балам бир жашта, - Айымкыз күлүп койду, - Күйөөм компанияда директор.

- Кечириңизчи.

- Эчтеке эмес.

- Мен сизди бир жолу маршруткадан көрүп издеп таппай жүрбөдүмбү.

- Бекерге кеткен убаракерчилик десеңчи, - Айымкыз күлө карады.

- Жок-жок, андай эмес, бирок...

- Өкүнүчтүү, - Кашын серпе карады, - Балким сиңдимди көргөн болбоңуз?

- Аа-а сиңдиңиз барбы? - Акылбек кубанып кетти.

- Ооба, ал дагы мага окшош, болгону арык.

- Ооба-ооба, арык кыз болчу, аты ким?

- Айкыз.

- Уйкаш экен да.

- Ооба, биз эки эле кызбыз.

- Анда сиңдиңиз кайда эже? - Акылбек шыпылдай карады.

- Ал окуйт, азыр келбейт го?

- Аа-ай, - деп Акылбек айласы кете түштү.

- Сиз катуу ашык болгонсуз го? - Күлүп койду Айымкыз, - Менин зарыл жумушум бар эле, кетейин эмесе.

- Айкыздын телефону болсо...

- Оой, тим эле прямойсуз го, сиңдиме тааныш деп кантип бермек элем

- Кайсыл үйлө турасыз?

- Үйүбүз бул, тапсаң табарсың, - деп коюп Айымкыз басып кетти. Акылбек болсо ал көрсөткөн үйдү көпкө карап анан кетти. Ошентип ал бир көргөн сулуу кызды жолуктура албай убараланып жүргөндө аны бир классташы чакырып калды, Акылбек дароо эле жетип барды, балдар-кыздар чогулуп тоого чыгып көңүл ачканы топтошуп жатышыптыр, маршрутканы жалдашкан экен он чакты болуп жөнөп кетишти. Оюнга тойбогон жаштар ичип жеп отуруп ырдап бийлеп да жатышты. Акылбекке Алтынкүл деген кыз ыктап калды:

- Акылбек, ал деп койгонго жарабайсың да, - деди сүзүлө.

- Сен ичпейм деген жоксуң го?

- Кызың барбы Акылбек?

- Ооба, айылда кызым бар.

- Сулуубу?

- Сулуу.

- Сүйөсүңбү?

- Ооба.

- Оозуң бош...

- Эмнеге?

- Эркектер чыныгы сүйбөсө ошентет.

- Сен ошентип ойлойсуңбу?

- Ооба, кызыңдын аты ким?

- Айкыз.

- Бактылуу кыз экен, - деп койду Алтынкүл ойлуу.

- Өзүңдүн жигитиң барбы?

- Болгон.

- Ажырашып кеттиңер беле?

- Ал үйлөнүп алган.

- Ошону үчүн эркектерге ишенбесең керек?

- Ошондой.

- Арманың күчтүү го?

- Андай эркек үчүн арман деле кылбайм.

- Жакшы, өзүң катуу сүйсөң керек?

- Назик сезимди билбегендер толтура.

- Туура, - Акылбек ары карап кетти.

- Балдар, кызда-ар! - Астра деген кыз алакан чаба баарынын көңүлүн бурду.

- Эмне болду сага? - деди Нургүл.

- Келгиле тоонун башына чыгып келебиз, Ала-Арчанын чокусун көрүп келбейлиби.

- Оо-уу, ким чыгат аякка? - деди бири.

- Каалагандар барсын, - деди Акылбек.

- Сен каалабайсыңбы? - деп сурады Алтынкүл ага бурула.

- Жок каалабайм, сенчи?

- Мен дагы.

- Андан көрө кетким келип жатат, - Акылбек ордунан турду.

- Эмнеге, көңүлсүз болуп жатабы?

- Көңүлсүз деле болгон жок...

- Кызың жок скучна болуп калдыбы?

- Ооба.

- Көп сүйлөбөйсүң го, кызың зерикпейби?

- Ал дагы көп сүйлөгөндү жактырбайт.

- Да уш, издешпей табышкансыңар го, качан үйлөнөсүңөр?

- Күздө.

- Будь счастлив.

- Рахмат.

- Келгиле кыздар, балдар бери карагыла, кеткендер тоо чокусуна кетти, биз жөн отура беребизби, бир нерсе кылып отурбайлыбы? - деди Бекзат деген бакылдап, - Тигилер алчусун алып кетишти, өзүбүз калдык.

- Шашлык бышыра койбойлубу?

- Жок, менин шыгым жок.

- Ким бышырат анан?

- Акылбек, шашлык бышырганга кандайсың? - деди Бекзат.

- Жо-ок эй, мен билбейм.

- Мен бышырам, - деп Арстан чыгып от күйүп жаткан маңгалга барды.

- Азамат, бир жигит чыкты, - деп күлүп калды Алтынкүл.

- Акылбек, сен Алтынкүлдү шынаарлап эле калдың да?

- Сүйлөшүп эле отурабыз.

- Ой анын жүрөгү бош эмес экен, - деди Алтынкүл.

- Сен анын жүрөгүн ээлей албагансың го?

- Койгулачы балдар, көңүл ачканы келдиңер беле, үйдөгүнү, керек болсо аялыңарды унуткула да бул жерде? - деди Бекзат арак куюп жатып.

- Мен ичпейм, - деди Акылбек.

- Эмнеге?

- Өзүм ичкенди каалабайм.

- Ичпегенге кыстабагыла балдар, - деди Нургүл, - Тынчыраак кетели.

- Кокпо, айдоочубуз жаныбызда го?

- Ошентсе деле шаарга эрте жетиш керек, ар кимибиз ар жакка барабыз, кеч болуп калса такси жалдаганга туура келет.

- Бүгүнчө бул жерде түнөп деле каласыңар да, - Арстан Нургүлгө карады.

- Кой ай, үйдөгүлөр өлтүрүп коет.

- Жигитиңден коркуп жатасың го?

- Ал мени кызганбайт.

- Анда түнөп кала берели.

- Ата-энем өлтүрөт.

- Тигилердин келишин күтөбүз да.

- Алардын унаасы бар го? - дешип чурулдашып шашлык бышканда жабыла отуруп калышты:

- Тигилерге калтырабызбы?

- Ооба, алтыны калтырып кой! - деди Нургүл. Кечке чейин ызы-чуу болуп ырдашты, Маршрутканын магнитофонун коюп алып бийлеп жатышты, Акылбек бир аз пиво ичип алып башы айланып кетти, негедир өзүн жаман сезип кетип отура калды, аны тигилер байкаган деле жок, көпкө отуруп кусуп киргенде Алтынгүл жетип келди:

- Сага эмне болду?

- Билбейм, жаман болуп жатам.

- Ооруканага алып барыш керекпи?

- Жо-ок, көңүл бурба, жакшы болуп калат, - деп башын чайкады Акылбек, аңгыча Бекзат, анан Арстан баары кусуп киришти, көрсө шашлыктын эти күндө туруп калган экен, баары жатып калышты, айдоочу бир аз тыңыраак эле, ичпегендиктен жыттанганын сезип жеген эмес эле. Ал эптеп бирден унаага алып кирип отургузуп жатканда тиги тоого чыгып кеткендер келип калышты, ошентип алар шашып-бушуп жөнөп калышты, он төрт улан-кыз отравление болуп ооруканага түшүштү, түндө Айтбек Акылбекке телефон чалды эле сестра алып жооп берди, ал дароо эле жетти, көрсө алар жеген тамак күндө туруп бузула баштаганын билбей жеп алышкан экен, ошентип ооруканага жатып калды Акылбек. Айтбек карындашына айткан жок, арак ичип алгандар анча болгон жок, Акылбек өтө жаман болду, үчүнчү күнү ал коридордо келе жатса алдынан Айкыз чыгып келе жатат. Ал стажировкада болчу, мединституттун бешинчи курсун аяктаган.

- Айкыз! - деп жиберсе болобу Акылбек.

- Сизби? - деп арыкчырай сулуу жүздүү кыз анын жанына келди, - Биз таанышпызбы?

- Аа-а, жок-жок, сиз Айкыз болосузбу?

- Ооба, а сиз кимсиз? - Кыз жылмая күлүмсүрөдү.

- Мен.. мен... билбейсиз...

- Бул жерде жатасызбы? - Айкыз күлүп сурады.

- Ооба, отравление болуп...

- Аа-а, жанагы тоого чаккан жаштар менен белеңиз? - Айкыз саамга ойлуу туруп, - Сиз менин атымды кайдан билесиз? - деди.

- Менин атым Акылбек.

- Сиз, Акылбексизби? - Айкыз көздөрүн күлүңдөтө карап калды.

- Ооба, Айымкыз эже менен таанышканмын.

- Ооба, эжем да айткан, макул жакшы болуп кетиңиз, - деп жөнөй берди.

- Айкыз!

- Угуп жатам, - Кыз кайрыла карады.

- Бизге киресизби?

- Ооба, бүгүн бул жерде болом.

- Жакшы, - Акылбек толкундана палатага келип блокнотунан барак айрып алды да кат жазып кирди: "Салам Айкыз, мен сени менен таанышканыма кубанып бактылуу болуп турам, мен сени мурда көргөнмүн, ошондо кайсы үйгө кирип кеткениңди таппай калганмын, эми сени көрүп ушундай бактылуумун. Сен мени кечир, бир көрүп эле кат жазганыма. Бирок мен сени алгач көргөндөн бери эле түнкүсүн уйкум качып, күндүзү тынчым кетип жүрөт... Мен сүйүү деген илдетке кабылдым, сен мени тоготпойсуң дечи, бирок ички сезимимди айтпай кое албайм. Балким жигитиң дагы бардыр, андай болсо башка тынчыңды албайм. Сөзгө чоркокмун, сүйүп калганымды жупуну билдиргеним үчүн кечир Айкыз". Сени сүйгөн Калыбеков Акылбек. 2007-жыл, август", - деп белендеп чөнтөгүнө салып алды, жанында жаткан Эмил деген бала:

- Эмне жазып жатасың? - деп калды.

- Ыр.

- Сүйгөнүңөбү?

- Ооба.

- Азыркы кыздарга ишенич жок.

- Эмнеге, көңүлүң калды беле?

- Деги айтам да, - Ошол убакта Эмил туруп сыртка чыгып кетти. Эмил чыгаары менен эшикти кыңайта ачып Алтынкүл кирди:

- Кандайсың?

- Жакшы.

- Акыбалың жакшыбы? - деп колундагы пакеттен тамак-аш алып чыгып коюп жатканда Айкыз баш бакты:

- Бош эмес турбайсызбы, анан келейин, - деп ыңгайсыздана калды.

- Айкыз, мен бош элемин.

- Жок анан келем, - деди да эшикти жапты.

- Кызың медикпи? - деди Атынкүл.

- Ооба, - Акылбек кабак чытыды.

- Менден кызгандыбы ээ?

- Эмнеге кызганмак эле?

- Мага капа болуп калдың ээ, акыбалыңды көрөйүн деп эле келе калганмын.

- Эчтеке эмес, рахмат убара болупсуң.

- Убарачылыгы деле жок.

- Кой мен кетейин, - Алтынкүл ыңгайсыздана карады, - Сакайып кет Акылбек.

- Рахмат, жакшы бар, - Акылбек палатанын босогосуна чейин келип кала берди.

Алтынкүл палатадан чыгып бара жатканда Айкыз коридордо бир врач менен турган эле, аны тикирээ карап өтүп кетти: "Сулуу кыз экен", - деп ичи тарып жолуна түштү. Айкыз ал ылдый түшүп кеткенде Акылбектин палатасына кирди:

- Бошсузбу? - Жаркылдай карады.

- Ооба-ооба, - Акылбек ордунан тура калды.

- Отура бериңиз.

- Сменге турасызбы?

- Жо-ок, биз азырынча үйрөнөбүз да.

- Аа-а, канчанчы курста окуйсуз?

- Быйыл алтынчы курс...

- Врач болот экенсиз да?

- Ооба, - Айкыз ага тигиле карады, - Сиз мени эжемден сурадыңыз беле?

- Ооба-ооба, сизди бир көрүп калып...

- Мен ойлоп жүрбөйүнбү, бир иши бар го деп.

- Телефонуң барбы Айкыз?

- Бар.

- Сүйлөшүп туралы.

- Макул.

- Жигитиң барбы Айкыз?

- Пока жок, - Күлүп койду, - Окуума тоскоол болот го?

- Эмнеге?

- Жигит күтсөң жолугушуудан убакыттар өлөт да.

- Өзүң сүйүп көргөнсүңбү?

- Жо-ок, а сизчи?

- Сүйө баштадым окшойт.

- Чын элеби?

- Ооба.

- Кимди?

- Бир кызды, - Күлүп сына карап калды.

- Жанагы кыз болсо керек, - деди Айкыз кызгангандай.

- Жо-ок, ал эс алууга чыккан кыздардын бири.

- Аа-а, мейли анда, мен барайын, иштер көп, сакайып кет ээ?

- Кетесиңби?

- Ооба, эми барайын, эми биз таанышпыз, - Жаркылдай күлдү.

- Албетте таанышпыз, сүйлөшүп турабыз ээ? - Акылбек аны узатып чыкты.

- Сакайып кетиңиз.

- Сакайыш кыйын го?

- Эмнеге?

- Бир оорудан арылсам бир ооруга чалдыктым.

- Кандайча?

- Бул жерим ооруп калды Айкыз, - Күлүмсүрөй колу менен жүрөк тушун басты.

- Коюңузчу, - Айкыз акырын чыгып кетти, Акылбек күлүмсүрөй телефонунан жазып алган Айкыздын номерин карап кубанып алды. Ошондон кийин ал чыкканча экөө сүйлөшүп турду, он чакты күн өткөндөн кийин Акылбек ооруканадан чыкты, Айкыз экөө ошол күнү паркта жолугуп сүйлөшүп отурушту, Айкыз дагы көңүлү бардай жигитине тартыла түштү, алар бирде күлүп, бирде каткырып отурушуп анан үйлөрүнө жөнөштү:

- Айкыз, эртең мен айылга кетем.

- Келбейсиңби?

- Сен кел десең келем.

- Чынбы, андай болсо кетпе!

- Эмнеге?

- Сени сагынып кетем го?

- Чын элеби? - Акылбек кыздын колунан кармады.

- Ооба.

- Мен атамдарга барып үйлөнөрүмдү айтам.

- Эмне, менин окуумчу?

- Үйлөнүп алып окуй бересиң.

- Макул.

- Жа-аным...

Аземдин уулу чоңоюп бара жатты, бешикке салып коюп өзү уктай берет, Мелис Акматович бала бакканга бир кыз алып келип берген, Азем окуусуна кеткенде ал карап калат. ага биротоло сүйөнүп алган Азем баланы көп карабай китеп окуп отура берет. Үй жумушун бүт Назик жасайт, ал жумуш издеп жүрүп ага кабылган, ошондон бери ал күнү-түнү Азем менен чогуу жашайт, ата-энеси себин жүктөп келгенде Төлөбайдыкына түшүртүп койгон, акыры бир амалын таап Мелис менен ажырашканга аракет кылып жүрөт, бирок ага көңүл бурбай эле качып жүрөт ал. Бир күнү ал келем деп чалган экен Назикти үйүнө жөнөтмөк болду.

- Назик, сен үйүңө бара турчу бүгүн.

- Эже, менин бул жерде үйүм жок да.

- Анда бир-эки саатка бир жакка барып кел, көңүл көтөр.

- Шаарга жаңы эле келгенмин, жакшы билбейм.

- Эмне кылуу керек? - Азем ойлонуп калды.

- Сен такси менен менин агамдыкына барып тур, өзүм алып келем.

- Макул, - Назик башын ийкеди.

- Мен такси чакырып салып, жеңеме чалып коем.

- Макул.

- Алоо, такси бекен, сиз бул үйгө келип каласызбы, ооба Арча-Бешикке клиент бар, - деп телефонду өчүрдү да Назикти карады, - Даяр тур, азыр келип калат.

- Даярмын эже.

- Башка кийимиң жокпу?

- Ии-ии...

- Ме, муну кийип ал, эми келгениңде бир-эки сыйра алып берем ээ? - Азем аны жөнөтүп жиберип жеңесине чалды, көп өтпөй эле Мелис келип калды.

- Кандай периштем?

- Сага качантан бери периште болуп калдым?

- Эмне болду?

- Эмне болгонун билбейсиңби?

- Жо-ок.

- Эмесе аялыңа бар да мени тынч кой!

- Эмне, ал ушул жерге келдиби?

- Келбейт дедиң беле?

- Билбедим...

- Билмексен болбо, артымдан киши коюп, өзүң үй-бүлөөңдөн чыга албай жүргөнүңдү эми билдим, Мелис эми мени деле кыйнаба, өз-өз жолубуз менен бололу.

- Кой эркем, ал эми келбейт.

- Мен түндү терметип жападан жалгыз жашай беремби, жапжаш курагымды сени күтүү менен өткөргүм келбейт, эми мен ата-энеме кетем! - деп креслого шалк отурду, ыйлап алган, - Мен көрү жакын төрүнөн дегидей картаң эмесмин, ансыз дагы гүлгүндөй өмүрүмдү сен гүлгө айланттың!

- Азем, эмнеге мындай дейсиң, эчтекеден кем эмессиң го?

- Эмне-е, сенин мына бул өлүү дүнүйөңдүн мага эмне кереги бар, мен жаштыгым жалындап денеме батпай турган жапжаш жанмын, менин дагы жүрөгүмдүн эңсөөсү бар, каалоосу бар!

- Жетет! - Мелис колун көтөрүп барып токтоду.

- Эмнеге токтодуң, ура бер, ушул тозок дүйнөдөн оңой кутулайын! - деп Азем аны тике маңдайына келип көзүнө тике карады.

- Сени оюңча бул жашооң тозок экен да?

- Ооба, мен үчүн аалам канчалык кең болсо да тар болуп өмүрүмдүн сонун убагын сени менен өткөргөнүм үчүн өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет, мурда дагы ошентип бирок бала үчүн жашап калганмын, эми өз жанымды кыйып күнөөгө батпайын деп олтурам, сен өлтүрсөң бейишке барам! - Азем тайманбай ушинткенде Мелистин ачуусу келгенинен бүткөн бою калтырап, өңү бузулуп кетти.

- Эмне кылгың келет? - деди өзүн кармай токтоо.

- Ажырашам!

- Эмне-е?!

- Ооба, ажыраш же өлтүрүп сал!

- Азем, болду эми өзүңдү карма сүйлөшөлү, - Мелис терең деп ала отурду да чекесин тырмалап ойлонуп калды, Азем унчукпай аны карап отурду, - Ажырашкың эле келеби?

-Бузук, салынды салбар деген сөздү угуп отургуча ажырашам!

- Ал айта берет, ачууңду бас периштем.

- Бар же жок де, эмне десең дагы мен эртең кетем!

- Болуптур, барсаң бар.

- Назикти бүгүн кетирдим.

- Эмнеге?

- Эми эмне кылмак эле бул жерде?

- Мейли, кетсе кетээр да, акчасын бердиңби?

- Ооба.

- Эч кимим жок деп жатпады беле?

- Ким билет кетти.

- Демек өзүң чечипсиң, каалаганыңдай болсун.

- Сүйлөштүк анда, - Азем ашкана жакка басып бара жатып кайра бурулду, - Аа-а баса, сен дагы бир нерсени унуттуң.

- Эмнени?

- Артымдан киши койгонуңду токтотосуң.

- Жок-жок, мунуң калыстык эмес, сага эч качан киши койгон эмесмин.

- Өзүңө көрсөтүү керекпи?

- Болду Азем, сен эми азатсың, ашыкча сөздү кой, кааласаң бул үйдө тура бер, - деп Мелис ордунан турду.

- Үйүң өзүңө кут болсун, бул унаанын ачкычы, - деп ачкычты үстөл үстүнө койгондо Мелис жини келип кетти.

- Ал сеники, ал тургай үй дагы, мен бул үйгө басып келбейм! - деп чыгып кетти. Азем кубанаарын же ыйлаарын билбей отуруп калды. Ошол учурда уулу ойгонуп ыйлап калды, аны алып эмгизгени жатса телефону чырылдады, Арман экен: "Эмнеге чалат, менден үмүт үз дебедим беле", - деп ойлонуп алды да:

- Алоо, - деди акырын, Армандын жай үнү угулду.

- Азем, кандайсың жаным?

- Арман, эмне болду?

- Мен сени сагындым, сенсиз менин өмүрүм караңгы түнгө айланды Азем.

- Арман, мени түшүнчү.

- Сен мени түшүн, сенсиз мен бул жашоодо жападан жалгызмын.

- Арман, антпечи деги, мен эми таптакыр башкамын го?

- Мен Мелисти өлтүрөм Азем.

- Арман, андай дебе, өзүңдү кылмышка түртпө, эртең бактан жолугалы жарайбы, ошондо сүйлөшөбүз.

- Макул, эртең бакка келесиңби?

- Ооба барам, эртеңге чейин, - деген Азем улутунуп жиберди: "Менин тагдырым дагы бирөөнүкүн бузуп жатат, ичип алган го, минтип жүрсө эмне болот, эртең Назикти ага тааныштырайын, ал жаш кыз, он жетиге эле чыгыптыр, экөө табышып калса сообуна калам", - деп ойлонуп өзүнчө кубанып алды. Анан Айжанга телефон чалып Назикти такси менен жөнөтүп жибер деп айтты эле бир сааттай убакыт өткөндө ал келип калды. Назик жакшынакай кыз, өтө назик, анан тартынчаак, жалтанчаак эле, Азем аны менен сүйлөшчү эмес, ал келгиче шфонеринен кийимдерин тандап алып даярдап тамак жасады, абдан көңүлдүү, негедир ички сырын бирөөгө төгүп салгысы келип турду.

- Эже, эмнеге чакырдыңыз?

- Эртең экөөбүз паркка барып келели ээ?

- макул.

- Бөлмөңдөгү кийим жакса кийинип көрчү.

- Макул.

- Ата-энең барбы Назик?

- Жок эже, таежеңемдин колунда чоңойгом.

- Бир туугандарыңчы?

- Эки агам бар, бири Казакстанга кетип жок, бир агам таежемдикинде.

- Сен эмнеге баса бердиң?

- Агам кач деди, таежем аябай урчу.

- Эмнеге, бир тууган таежеңби?

- Ооба, өзү ошондой.

- Мейли, кийинип келчи.

- Макул, - Назик бөлмөсүнө кирип кийинип кайра чыкты, татынакай болуп жарашып калыптыр, - Мына эже.

- Жактыбы?

- Жакты...

- Эртең кийип чыкканыңа болобу?

- Сиз уруксат берсеңиз кийип чыгам.

- Сага жакса сеники болсун.

- Рахмат эже.

- Кел эми чай ичели.

- Кардым ток, тамактанып алганбыз.

- Мени менен отур.

- Мейли, - деп өзү эле ашканага кирип тамактарды даярдай койду, экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушту, Назик ыйлап ата-энесинин өлгөнүн айтып берди, эки агасы окуп калган, Назик беш жашта экенинде атасын бирөөлөр өлтүрүп кеткенден эки жыл өтпөй апасы ооруп өлгөн экен. Ошондо бир тууган таежеси багып алып аларды аябай уруп согуп багыптыр. Ал тургай өздөрү менен бирге тамак ичирчү эмес экен. Ошондо бир агасы Казакстанга иштегени кетип, экөө калат, анан Назик менен экинчи агасы экөө жүргөндө агасы аны качырып жибериптир. Сүйлөшүп отуруп кеч жатышты, экөө тең ойго сүңгүштү, экөөнүн тагдыры эки бөлөк, ал тургай асман менен жердей. Эртеси жай туруп алып кийинип, Азатты кийинтип алып жолго чыгарда Арман чалып калды. Азем бара жатканын айтып шашып унааны айдап үйдөн чыкты, ал керектүү буюмдарын толук алды, анткени ал кайрылып бул үйгө келбей турган болуп чыкты.

- Эже, биротоло кетесизби? - деди Назик.

- Ооба, бүгүн сени менен бирге болобуз, анан мен айылга кетем.

- Анда мен эмне кылам?

- Акча менен батир таап ишке киришип алсаң болот Назтк.

- Мм, - Назик унчукпай калды, алар паркка келип коляскага баласын жаткырып отургучка отурду. Эки жакты карап отурушканда Арман келип калды, негедир ал Аземге жүдөп кеткендей көрүндү.

- Салам.

- Салам.

- Кандай, Азат чоңоюп калдыбы?

- Чоңоюп жатат, өзүң кандай? - Азем Назикке бурулду, - Назик, Азатты ойнотуп келчи.

- Макул, - Назик колясканы сүйрөп ары кетти.

- Сен эмне болуп калгансың Арман?

- Мен түгөнүп бара жатам Азем...

- Жо-ок, андай дебе Арман.

- Кантем, сен бир стариктин колунда тутканда жүрсөң.

- Жок Арман, мага ата-энем дагы каршы тура алган жок, тагдырым ушул, сенин өз тагдырың бар, бирөө үчүн өзүңдү-өзүң өлтүрөсүңбү?

- Өлүүгө даярмын.

- Бала болбо.

- Мен өзүмдү-өзүм көрө албай бара жатам, ишти болсо таштап койдум.

- Арман.

- Ооба, мен жоголуп бара жатам, ооруп турат жүрөгүм карабачы, дабаасы бул оорунун өзүңсүң садагасы, - Арман күлдү, бирок анын күлкүсү күлкүгө окшободу.

- Мен эч качан дабаа боло албайм.

- Анда эмки жолугушуубуз менин көрүстөнүмдө болоор...

- Арман!

- Ооба, мен чыдай албай бара жатам.

- Арман, мен баланы карап келейинчи, - Арманды ийинге таптай ордунан туруп ары жакта жүргөн Назикти карады, - Нази-ик, бери келчи.

- Эмне болду эже?

- Сен бул жерде туруп тур, мен тигил жакка барып келейинчи, - деп Назикти Армандын жанына коюп өзү уулун көтөрүп ары басып кетти, ал экөөнү сүйлөшсүн деп ойлогон эле, бирок Арман ага карап дагы койгон жок, жаагын таянып отура берди, Назик өзүнчө отургучтун четинде отурат, Азем аларды алыстан карап тура берди, бирок эч кандай өзгөрүү болбоду, ал баланы көтөрүп туруп колу талыды, чоңоюп калган неме ары булкунуп, бери булкунуп жерге түшкөнгө аракет кылып анын колунан туйлай берип жүдөтүп жиберди. Акыры айласы кеткен Азем кайра басып келди.

- Арман, уктап калдыңбы?

- Сени күтүп жатам.

- Назик, сен барып жегенге бир нерсе алып келчи, - деп акча берип баласын коляскага отургузуп байлап койду, - Назик абдан жакшы кыз, - деди анан.

- Аны эмнеге айтып жатасың?

- Арман, Назик жетим кыз экен, жок дегенде апаңа жардам берет, үйгө алып кетсең кандай болот?

- Эмне?

- Мен кетип жатам.

- Кайда?

- Ата-энем чакырып жатат.

- Үйүңдө тура берсин.

- Үйдө эч ким жок, бараар жери жок.

- Өзү табат да.

- Кайдан табат, мен келгенче тура турсун, апаңа жардам берет.

- Мейли , жүрсө жүрө берсин, бирок сен эрте кел.

- Жарайт, бир эки айда келем.

- Ошончо жүрөсүңбү? - Арман ормое карады.

- Ошондой болуп жатат.

- Баса иттериң дагы эле кайтарып жүрөбү?

- Ким билет, жүрсө жүргөндүр, - Азем эки жакты карап койду.

- Азем, жүрөгүм ооруп турат.

- Өзүң психиатрсың, өзүңдү-өзүң дарыла.

- Мен эми андай боло албайм, жүрөгүмдө так калды.

- Андай дебе Арман.

- Болоор иш болду.

- Мына алып келдим, - Назик аларга шамбургер алып келип өзү бирин алды, - Кел Азатик, биз ойноп келели, - деп арабаны сүйрөп жөнөдү.

- Алыска кетпе Назик, биз кетебиз.

- Кетпейм, - Назик ошентип ары кетти.

- Бул кыз чоң эле го? - Арман Аземге карады.

- Эми он жетиге чыгыптыр, бараар жери жок, - Азем ага түшүндүрдү.

- Өкүнүчтүү дечи, бирок мындай кыздар иштеп эле жүрбөйбү?

- Бул шаарды билбейт экен, алгач келген күнү эле Мелис жолугуп алып барган.

- Анын буга да көзү түшүп жүргөндүр? - Арман кыжырлуу күлдү.

- Андай болушу мүмкүн эмес, анан дагы бул жаш кызды анын чеңгелине калтырбаш керек Арман, муну коргоп калуу керек, өзү көп азап тарткан байкуш кыз бактылуу гана болууга тийиш, ошондуктан сенин үйүңдө турсун, - деп Азем күйүп быша айтты.

- Сен андан кызганып жаткан жоксуңбу?

- Жо-ок, жаш кызды аяп жатам.

- Ар ким тагдырынан көрөт Азем.

- Сенин колуңан баары келет, тагдырыңды өзүң тандасаң болот.

- Кантип? - Арман көкүрөгүнө колун койду, - Бул жерим өрт болуп күйүп турса кайсы тагдырды айтасың?

- Сени эркек дейт, баары өз колуңда, каалаганыңды кыла аласың, кыздарга окшоп бир байкуш эмессиң да, - Азем ызалуу айтты, - Кыз, ургаачы деген азаптуу жаралган.

- Сенин дагы колуңдан келет, болгону сен аны жакшы көрөсүң.

- Арман, ушуну кантип айтып жатасың?

- Чындык катуу тийдиби?

- Арман, мен кыйналып кеттим, - Азем ордунан турду, - Азат кеттик!

- Бир аз отура тур.

- Жок, сенин сөздөрүң тамчы уудан дагы күчтүү, тие электе өлтүрөт.

- Койчу эми, ошончолук катуу айттымбы?

- Эмесе Назикти ала кетесиңби?

- Ооба, эгерде өзү кааласа.

- Мен айтам.

- Жарайт.

- Анда сүйлөшөйүн, - Азем ары басты, ал Арманга Мелистен биротоло кетип жатканын айткан жок, атайын кылды, баласы менен ага өзүн таңуулагысы келбеди, Арман угуп калса карыш жылдырбасын билди, өңдүү-түстүү жаш кызды жактырып калаар деп ойлоду, - Назик, мен айылга көпкө кетем, сен тигил байкеңдин үйүндө кал, мен келгенче, бул сенин айлык акың, Армандын ата-энеси бар, жөн гана үйүндө жүрө тур, табыштап койдум, кандай дейсиң?

- Тааныбаган үйгө...

- Мен деле биринчи көргөндө тааныш эмес болчумун туурабы, алар менен дагы таанышасың.

- Ооба дечи, бирок...

- Мен келгенче гана, анан өзүбүзчө жашайбыз, - Жылмая карады.

- Макул, - Назик жер карады.

- Азем, бир жерден тамактаналы.

- Макул, - Үчөө ээрчише кафеге киришти, тамактанып анан чыгышты, адегенде Армандын унаасына Назикти салып, - Кабатыр болбо, ишенимдүү адамдарга тапшырып жатам. Мен келгенде дароо чалам, бул телефонду ал, жакшы жүр, - деди, экөө коштошуп анан өз унаасына келип уулун алдына таңып отуруп жөнөп кетти, ал жолдон адегенде Алымкандын ал-абалын билмек болуп аларга тамак-аш алды, бир аз акча бөлдү да ага бармак болуп жөнөдү. Ал келгенде Алымкан эшигинде отурган экен, өңү азгын, мурункусунан дагы арыктап калган, Азем уулун унаага уктаган бойдон таштап, баштыктарды көтөрүп келди:

- Жакшы болуп калдыңызбы? - Жетпей эле үн салды.

- Азем, кел кызым?

- Келдим, акыбалыңыз жакшыбы?

- Жакшы-жакшы, кир үйгө.

- Балам бар унаада, сизди көрүп коеюн деп эле келгенмин.

- Балам дейсиңби? - Алымкан ага таңгала карады.

- Ооба, турмушка чыккам, балам бар эже.

- Алып кел, - деп Алымкан үйүн көздөй бурулду, - Курман, чыкчы бери!

- Апа.

- Муну көтөрүп кирип чай койчу балам.

- Макул апа, - Курман эки пакетти көтөрүп кирип кетти.

- Кана-кана? - Алымкан күлүмсүрөй балага кол созду, - Келе гой садагам.

- Эже, сизди көп үмүттөндүргүм келбейт, - Ээрчише үйгө киришти, - Сиздин кызыңыз болбосом дагы учурашып акыбалыңызды көрөйүн деп келдим.

- Азем, андай дебе, мен сени дал ошол кызым деп сезем, эненин жүрөгү сезет...

- Жок, антип өзүңүздү алдабаңыз.

- Отур, отура гой, - деп өзү дагы отурду.

- Мен кайра кетмекмин, чай ичтим, нан ооз тийейин.

- Кой кызым, менин деле канча жашоом калганын ким билет, жок дегенде үмүт менен жоготконум табылгандай жүрөгүмдөгү жара сыздабай өтсө экен, сен балким ишенбей жатасың, бирок менин көзүм жетип турат, - Алымкан ага көз жашы куюла карады.

- Мен ошол сизди сыздаткан адамга жолуксам жакшы болот эле.

- Аны табуу кыйын, ата-жөнүн гана билем кызым.

- Так аты жөнүн айтсаңыз.

- Абалканов Кубатбек.

- Кайсы айылдан болушу мүмкүн?

- Менимче бул айылдан эмес эле.

- Анда кайдан болушу мүмкүн?

- Сен райондук акимчиликтин артындагы Шопоков 54 үйгө барып көрчү, ошол так билет, - деди Алымкан.

- Болуптур, мен барам, жакшы туруңуз. - Азем чыгып бара жатканда Алымкан ага жетип келип уулуна жоолук курчады.

- Уулуң кур чыкпасын кызым.

- Тим койбойт белеңиз, баса акыбалыңызды билип турганга телефон жокпу?

- Кайдан кызым.

- Анда муну алып калыңыз, звонок болгондо муну басасыз макулбу? - деп көрсөттү да номерин албай эле бере салды.

- Мен билем, - деди кубанган Курман.

- Азамат десе, сен көтөрүп албай апаңа бер макулбу, мен чалып турам, муну менен токко сайып турганды билесиңби?

- Ооба, баарын билем.

- Балдардан үйрөнөт да, - деди Алымкан, - Тим эле койсоңчу.

- Сизде болсун, сүйлөшүп турабыз, - деди да үйдөн чыкты, Алымкан баласы, кызы болуп аны ээрчий чыгып узатып калышты. Азем уулун алып рулга отурду, дароо райондук акимчиликтин артындагы көчөнү бойлоп бара жатып элүү төртүнчү үйдүн жанына токтоду да эшикти такылдатты:

- Ким? - деген эркектин үнү угулду.

- Бери келип коесузбу?

- Ким керек кызым?

- Мен сизден Абалканов Кубатбек дегенди сурайын дедим эле.

- Аны эмне кыласың?

- Керек эле...

- Токтой турчу, - Ал киши үй жагын бир карап алып анан дарбазадан бери чыкты, - Сен өзү кимсиң кызым?

- Мага ошол адамдын дареги гана керек.

- Эмесе ошол адам менмин, айтчу сөзүңдү айта бер.

- Си-из, - Азем ал кишини саамга карап туруп анан өзүн кармай, - Алымкан дегенди билесизби? - деди.

- Ким, ал ким эле?

- Субанбекова Алымкан.

- Кызым, айтаар сөзүңдүн төркүнү не?

- Кыскасы мындай, - Азем саамга ойлонуп калды, - Субанбекова Алымкан кайсы жылы төрөгөнүн билсеңиз керек?

- Мен төрөтканада иштебесем кайдан билем? - Дарбазасын ачып кирип кетмек болгондо аны Азем карыдан аткый кармады.

- Сизге эч кандай зыяны тийбейт, болгону кайсы жыл экенин билсеңиз болду.

- Эсимде жок!

- Жапжаш кыздын көз жашы баарын унуттуруп тынч уктап жүрөсүзбү?!

- Бул суракпы же кекетүүбү?

- Кандай түшүнсөңүз өз эркиңиз.

- Кызым, мен Алымканды да анын төрөгөнүн да билбейм.

- Анын жаштыгын тебелеп-тепсеп жүргөн жылдарыңыз эсиңиздедир?

- Мен эмес, ал өзү, - деп жиберди ал ошол кезде.

- Мейли ал болсун, мага кайсыл жылы болгон, ошол гана керек, - Аземдин баласы ыйлап калды, - Кирип кетпеңиз, мен азыр, - деп унаасын көздөй басканда ал кирип кетти, баласын сооротуп анан туруп калганда тигил кийинип алып чыкты да өйдө көздөй басты, Азем аны ээрчий айдап жөнөп тушуна жакын келгенде, - Отуруңуз, - деп эшигин ачты. Ал отуруп анан экөө кетип жатты, - Бул жерде ашкана сымал барбы аке? - деди Азем.

- Мына, бул жерде бар, - деп кафени көрсөттү.

- Ушул жерден отуруп сүйлөшөлү.

- Жарайт кызым, - Экөө кафеге кирип орун алышты, Азем тамакка заказ кылганда:

- Мага чай эле, - деди Кубатбек.

- Жай отуруп сүйлөшүү керек, - Азем баласын алдына алып отуруп ага кайрылды, - Мен өз төрөгөн энемди издеп жүргөнмүн, кудайга шүгүр баккан ата-энем эчтекеден кемитпей бакты, бирок мен уккандан тартып жаным жай албайт, эмне себептен таштады деген суроо жүрөгүмдөн кетпейт... Анан акыры апамдан сурасам Алымкан деген аял деди, мен үч жыл издеп жүрүп аны таптым...

- Кайда экен? - деп жиберди Кубатбек.

- Көтөрмөдө.

- Кандай экен? - Козголо калып жатты.

- Оорукчан, ал-абалы өтө начар, бирок ал төрөгөн кыз токсонунчу жылкы болуп чыкты, бирок мени кызым дейт...

- Неге, акыл-эси даана бекен?

- Даана эле, ошондуктан мен анын кызы эмес экенимди билдим, акыркы үмүтүм сизде болгон, так билсеңиз айтсаңыз, сексен алтынчы жыл эмес беле? - Азем аны үмүттүү тигиле карап калды.

- Албетте, токсонунчу жыл эмес.

- Анан кайсы жыл эле эсиңиздеби?

- Сексен алтынчы жыл болчу, ал неге жаңылып калды экен? - дегенде Азем аны тиктеген бойдон катып калды, - Менин ага үйлөнүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок болчу, кызмат партия ага каршы эле, өзүм жаңыдан иштеп жүргөн кадр элем, ар кандай болушу мүмкүн болчу, анын акыбалын билгим деле келген, бирок...

- Айтканыңыз чынбы?

- Ооба, - деди Кубатбек Азем чөнтөгүндөгү башка телефонун алды да өз номерин терип чалды.

- Алоо, Алымкан эже, угуп жатасызбы? Анда угуңузчу, кайсы жылы төрөгөнүңүздү дагы бир жолу айтыңызчы? Макул- макул жакшы туруңуз, - деди да өчүрдү, - Ал токсонунчу жылы төрөгөнүн аныктайт.

- Кызык, ал сексен бешинчи жылы жаңы иштеген...

- Сизге рахмат көңүл бурганыңызга, сиздердин кыз дагы бир жерде мен сыяктуу издеп жүргөн чыгар, жакшы калыңыз, - деди да эсептешип коюп чыгып бара жатканда Кубатбек жанына келди:

- Кызым, Алымкандын, өзүңдүн номуруңду таштай кет, - деди.

- Жарайт, - Азем күлө карап телефон номерлерди бере салып басып кетти, бирок ал негедир бул кишиге жакындай көрүнүп кетти. Ичи ачыша унаага отуруп уулун эмгизип отурганда Кубатбек аны күткөндөй тигиндей туруп калды...

Акылбек үйүнө келип ата-энесине үйлөнөөрүн айтты эле алар быйыл кое тур десе болбоду, айла жок алар Айкыздын ата-энесине барып сүйлөшүп сөйкө салышты да күркүрөгөн күздө үйлөнтүштү, бир жумадан соң окуусуна карап аларды шаарга бөлүп коюшту, адегенде Айтбектин үйүндө турушкан соң үлпөт тоюн өткөрүштү, дал ошол тойдо Самарбектин үй-бүлөөсү Аземдин тагдырын талкуулаганы чогулуп калышкан эле, коңшу-колоң катары алар дагы келин көрүп барышты, Төлөбай дагы катышты, Нургүл дагы жүргөн, бир гана келип кайрылбас болгон балалык сүйүүнүн учкуну анын жүрөгүн тыз эттирди, бирок алар эки башка адамдар эле, ошентип дүйнөнүн пендеге чачкан нуру менен сүйүүлөр көктөй берээри анык эмеспи...

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться