Айгүл ШАРШЕН


"Коштошо албайм"


Мээрим менен Токон бала кездеринде кошуна болуп жашашкан, экөөнүн ортолору эки жаштан эле. Токон беште, Мээрим үчтө, таң атаары менен эле кимиси ойгонсо дагы бири-бирин көрмөйүнчө ыйлап ата-энесине чатак салып туруп алчу. Токондун атасы партиялык кызматкер болгондуктан кызматка кайда которулса кете берчү, Мээримдин атасы колхозчу, Кубат жоош момун адам, Баатырбек кызматчы болгондуктан саал керсейип анча мынчаны тоготпогон неме эле. Экөөнүн тең тун балдары, Гүлнара кызын көтөрүп дарбазанын эшигине туруп калчы, ошондо Анара экөө таанышып калышкан. Анда Токон эки жашта, Мээрим алты айлык болчу, экөө аркы беркини сүйлөшүп туруп анан кирип кетишкен. Ошондон баштап алар бири-бири менен кезиккенде балдары ойноп жүрүп бирге чоңоюшту, Баатырбек негедир бул айылда көпкө туруп калды, айылдын эли, айыл жага түшкөн эле, анча-мынча мал күтүп, жаш болсо дагы кызматынан пайдаланганды үйрөнүп жеп ичкенге машыга баштаган, калп эле кой, ай дегени болбосо кийинчерээк элдин алпин билип алып атайлап жасачу болгон. Директор болуп туруп кызмат керек дегендерге жең ичинен өзү даярдап, райондон, областтан тааныш таап алган, ага кабинетте отуруп чалып коюп көп иштерге жетишти. Мээрим үчүнчү класска окуп калганда кокусунан эле Баатырбекти башка районго которуп ийди, ал кетээрде бирге иштешкендерин чакырып ажырашаяк кылып жаткан.

- Мээрим, силер кетесиңерби? - деди Токон бултуя карап.

- Ооба, кетебиз.

- Эми такыр келбейсиңерби?

- Билбейм.

- Мээрим.

- Мм.

- Мен сени сагынам да.

- Мен дагы.

- Сага бирдеке берейинби?

- Ал эмне? - Мээрим күлүп карап калды.

- Бул менин сүрөт тарткан калемим.

- Аа-а, чын эле мага бересиңби?

- Ооба.

- Токто, - Мээрим калем салгычты көтөрүп үйгө кирип кетти, эл менен бака-шака болуп жаткан ата-эне кызына көңүл бурган деле жок, ал китептеринин арасынан өзү тарткан ата-энеси менен өзүн сүрөттөгөн альбомдогу бир баракты айрып алып чыкты, - Мына, бул биздин сүрөт, сен муну жоготпогун ээ?

- Эч качан жоготпойм.

- Болуптур анда, биз эртең кетебиз.

- Жакшы бар Мээрим.

- Жакшы кал, - Экөө кол алышты, балалык сезимдеринде бири-биринен айрылгысы келбей турду, ошентип алар эртеси таң ата жолго чыгышты, Токон ата-энеси менен карап турушту, аларга байкалбаган аруу сезимдер көздөрүнө жаш ала коштошушту, ким билет, булар канча жылдар өткөн кезде кайрадан жолугушаар, бирок ал азырынча белгисиз эле.

- Уулум, сен ыйлап жатасыңбы? - деди Кубат Токонду карап.

- Мээрим кетип калбадыбы? - Токон бырылдап ыйлап ийди.

- Кантет, сен чоң жигит болуп калбадыңбы, ыйлаба да, Мээрим кетсе дагы башкалар келет, - деди Анара күлүп, - Эми башка директор келет экен.

- Башканын кереги жок! - деп Токон жүгүрүп үй артына кетти, Кубат менен Анара күлүп кала беришти, жай турмуш өтө берди, кийин жаңы директор келди, бирок алардын эң кичүүсү Токон менен тең Асылбек деген баласы абдан мактанчаак да, көйрөң болуп чыкты, Токонду алар үйүнө киргизчү эмес, мурункудай эле кирип барып ойномок болуп келе жаткан Токонго апасы Салима:

- Ай бала, бар үйүңө, - деди орой.

- Асылбек менен ойноюн дегем.

- Ал сени менен ойнобойт, - деп кирип кетти, Токон томсоро артын бир карап алып анан үйүнө келди, кабагы бүркөө.

- Сага эмне болду балам? - деди Анара ага.

- Асылбектин апасы жаман экен.

- Ийи, аякка эмнеге бардың эле?

- Ойноюн дегенмин.

- Кой барбай жүр, алар Баатырбектердей эмес экен.

- Мээрим барда жакшы болчу, - деп Токон сабагын даярдаганы жаңы отурганда ышкырык чыгып калды, терезеден караса Асылбек, бир аз чыккысы келбей туруп анан босогого келди, - Эмне болду?

- Бери келсең.

- Сабагым бар.

- Жөн келбейсиңби эми.

- Эмне? - деп кабагын сала Токон анын жанына келди.


- Мына бул ботсту көрдүңбү? - деди бутун көрсөтө.

- Көрдүм.

- Атам алып келип берди, эскимди сага берейинби?

- Аны эмне кылам? - Токон ага таңгала карады, бирок өзүнүн сабакка кийген бут кийими эскирип жыртылып калганын эстеди.

- Эми анын кереги жок, сен кийе бер.

- Кереги жок, апам урушат.

- Эмнеге?

- Бирөөнүкүн алба деген.

- Ой ат-таа, меникиндей импорт кийим кийбейсиң го?

- Баары бир, - деп Токон артына кайрылды, - Кереги жок, жөнөкөй эле кийем.

- Жүрү ойноп келебиз.

- Мен сабак даярдайм, - деп кирип кетти, Асылбек унчукпай карап кала берди, ошентип убакыттар өтө берип бойго жетишти, Токон Асылбек менен анча мамиле кылбай калган. Узун бойлуу келишкен жигит болду, Асылбек бетинде майда сепкили бар кыска бойлуу жигит. Алар ошондон тартып бири-бирине атаандаш болуп бара жаткан эле, бирок билдирбейт. Ага апасынын арты менен жабышкан кыздар көп бирок Токон көп кыздарга көңүлсүз мамиле кылат, ал алигиче Мээримди ойлоп дилинде: "Кандай кыз болуп калды экен, сулуу акылдуу болгон чыгар, мени эстейт болду бекен, же таптакыр унутуп койдубу, балким эсинен чыгарып койгондур, мен сени издеп табам Мээрим, сен жок кандай гана зериккенимди ошондо айтып беремин", - деп кыялында сүйлөшүп отургандай жылмайып алат. Аида ага көп ыктаганы менен аны анча жактыра бербейт, бирок ага Асылбек акидей асылып алган, бүтүрүү кечинде Токонду куттуктап блокнот менен ручка берди эле Токон аны сыйлап гүл берди. Ага ичи тарыган Асылбек:

- Токон, сен Аиданы сүйбөйсүң, кое бер да, - деди кызаңдай.

- Мен аны кармаган жокмун, ал өзү билет ким менен мамиле кылганды.

- А сен ачык айт сүйбөйм деп.

- Ал өзү деле менин сүйбөгөнүмдү билет.

- Анда ага жакындаба.

- Эмнеге?

- Мен аны сүйөм.

- Сүйө бер.

- Токон, оюну жок айтам, ага жакындачу болсоң жаман айтышып калабыз.

- Асылбек, барчы нары, Аида менен менин ишим да жок! - деп Токон басып кетти, Асылбек жини келип кала берди, Аида аларды карап турган, Токон ары басаары менен анын жанына келди:

- Кечеге катышасыңбы Токон?

- Жок, мен барбайм.

- Эмнеге, акыры бөлүнөт экенбиз, ар кимбиз ар жакка кетебиз ушул күнү чогуу болгонубуз жакшы эмеспи.

- Менин көңүлүм жок.

- Сен дайыма ушундайсың, ал тургай сени жактырган кыз барын билгиң келбейт, - Аида таарынгандай болду.

- Аида, андайды уккум да келбейт.

- Токон, неге мындайсың, же жүрөгүңдө бирөө барбы?

- Ооба, бирөө бар Аида.

- Ал ким?

- Эч кимге айтпайм.

- Биз менен окуйбу?

- Жок, ал биерде эмес.

- Кантип? - Аида көздөрүн бакырайта карап калды, ал өзүнүн классынан же ылдыйкы класстардан бирөөнүн атайбы деп турган.

- Ошондой Аида, менин жүрөгүмдө бирөө бар, - деп Токон бурулуп ары басып бара жатканда Асылбек анын алдынан чыкты.

- Кыздарга мындай мамиле кылган болбойт де, - Чекесин тырыштырды.

- Кандай мамиле кылуум керек?

- Кызга мамиле кылууну билбесең жолобой жүр! - Экөө тирелише калды.

- Эмне болуп жатасыңар? - Аида ортого түшө калды, - Мен буга кыздарды сыйлоону үйрөтүп коеюн.

- Сенсиз дагы билем.

- Асылбек, - деди Аида, - Сен өзүңдү маданияттуу көрсөтпөй эле койчу, керек болсо сен өпкөсүң, андайлар эч кимге жакпайт.

- Эмне, мен мына будан дагы жаманмынбы? - Асылбек кыжырлуу жылмая сөөмөйү менен Токонду көрсөттү, - Ага караганда менде баары бар, кыскасы төрт тарабым кыбыла.

- Сенде баары барын билем, - деди Токон ага карап, - Болгону бир нерсе жетишпейт, - Кытмыр жылмайып койду.

- Эмне, жетпеген жеримди айтып койчу билип алайын.

- Сенде уят-намыс жок! - деди Токон.

- Сен уяттуусуңбу? - Асылбек ага жулунду.

- Балдар, уят эмеспи, эми көп болсо бир айдан кийин ар кайсы жакка тарайбыз, аз убакыт калганда урушпагылачы.

- Аида, жүрү балдар жакка кеттик, - деди Токон атайын.

- Кеттик, - Аида кубанычтуу күлүңдөй аны колдон алды.

- Көрөбүз, ким уяттуу ким уятсыз экенин, - Бозала болгон Асылбек алардын артынан чогулуп ар жерде беш-алтыдан топтошкон улан-кыздарды көздөй басты, Асылбектин өзүнө окшогон теңтуштары бар, булар төртөө, качан болсо бирге жүрүшөт, Азат ал келе жатканда эле:

- Эрөөлгө чыкчудай болуп кайда жүрөсүң? - деди тамашалай.

- Бир иш бар балдар.

- Кандай иш?

- Аидадан Токонду алыстатуу керек.

- Ой ошо да кеппи, экинчи өйдө карабас кылып коебуз, - деди Элмир аны көз кыйыгы менен карай, - Сага ошол эле тоскоол кылып жатабы?

- Ооба, Токон болбосо ал меники болмок.

- Кызык, - деди Канат, - Үрүп чыгаар ити жок немени кыздар эмнеге жактырышат?

- Ал өлүмүш болуп өзүн маданияттуу көргөзүп жатса кыздар жакшы көрө берет да, - деди Азат, баары каткырып калышты, ары жактагылар өздөрүнчө кечки вечерди ойлонуп жатышкан, биринен-бири өтүп бака-шака, Токон кечеге катышкыс келген эмес, бирок Асылбектин сөздөрүнөн кийин ал бармак болду, ага Аида абдан кубанды, оюнда: "Токон мени сүйөт, ошондуктан Асылбектен кызганды", - деп турду. Кеч кирип кече шаңдуу болуп мектептин чоң залында ырдап бийлешип, көңүлдөрү куунак болуп андан кийин алар даярданып жаткан үйгө барышты, ал жерде дасторкон четинде тамашалашып отурганда Токонду Асылбек сыртка чакырып чыкты, жанында Азат менен Канат, Элмир турган, алардын адепсиз балдар экенин билсе дагы сылык суроо узатты:

- Балдар, эмне керек?

- Эч нерсе, биз менен жүр, эркек болсоң, - деди Азат.

- Кайда?

- Сурабай баса бер, - Беркилер каткырып калышты.

- Жок, мен эч жакка барбайм.

- Коркок десе, андай болсо үйүңдө эле отурбайт белең?

- Ушул жерден айта бергиле.

- Болбойт, балдар бар.

- Анда мен кирдим, кандай десеңер дей бергиле, - Токон артына кайрыла бергенде бири алка жакадан алды.

- Эй суу жүрөк кайда?

- Кое бер, мен силерге окшогон тартипсиздер менен сүйлөшпөйм.

- Эмне, жанагы чылаа жыттанган атаң сени тартиптүү тарбиялады беле? - деп Элмир аны көчүккө бир тепкенде көмкөрөсүнөн жыгылып чекесинен кан атып өзү эси ооп калды, босогодогу тепкичке тийген эле:

- Эми эмне кылабыз? - деп бири-бирин карап калганда үй ээси чыга калды эле алар ары көздөй жүгүрүп кетишти, Токонду үйгө алып кирип жарылган жерине йод сыйпап канын токтотуп эсине келтирип анан ооруканага алып бармак болгондо ал болбой койду.

- Асылбекти милицияга бериш керек, - деди Аида.

- Кереги жок, алар тийген жок, мен өзүм жыгылып кеттим.

- Калп, үчөөнүн чыгып кеткенин баарыбыз эле көрбөдүкпү.

- Ооба, ошолордун колунан келди.

Ар кимиси ар кайсыны айтса дагы Токон ага болбоду, аны үйүнө жеткирип коюшту классташтары, ата-энеси тызылдап сурап, үйрүлүп түшүшсө дагы айтпады, өзүм жыгылдым дегенден башка сөз чыкпады андан. Чекеси шишип чыкты, көгөрүп ал тургай башын көтөрсө ооруп үч-төрт күн жатып калды, биринде экзамен башталмак, даярдык көрүп окуп жатты, бирок башынын ооруганы көбөй берди, акыры бир жумага жетпей катуу ооруганда ооруканага алып барышты эле баш сөөккө зыян келип мээге кан куюлаарына аз калган дешип операция жасаганга шаарга жөнөтүштү. Экзамен тапшырбай калды, сабакты жакшы билгендиктен ага бааны коюп коюшту мугалимдер, элден окуучулардан угуп Кубат директорго кирди, ал дагы жакында колхоздор менен совхоз тараганда кете турган болуп жаткан.

- Кел, кошуна кел, - деди Жамалбек ага сылык сыпаа гана.

- Келип калдым, - Кубат ордунан улам копшолуп коюп колдорун ушалана сөз баштады, - Сизге айтаар сөзүм бар...

- Айт, айта бер Кубат, балаң жакшыбы?

- Балдардын эмне талашы бар билбейм...

- Эмне болуптур?

- Асылбек достору менен Токонду уруп коюптур.

- Койчу?

- Ооба, менин балам азыр оор абалда, эмне болорун кудай билбесе... - Кубат муңканып барып көзүнө жаш тегеренди.

- Балким башка балдар менен урушкандыр?

- Жо-ок, Асылбек өзү чакырып чыгыптыр.

- Мейли, анда чындыгын аныктайлы, сен көрдүм билдим дегендерди алып кел Кубат, жок андай болбосо акчадан жардам кылайын, шаардан врачка сүйлөшүп дарылатканга жардам берейин, - деди. Баласынын урганын уккан, билмексенге салды.

- Жо-ок, чындыкты табалы.

- Айтканың болсун.

- Мен көргөндөрдү алып келейин, - Кубат кабинеттен чыгып кетти. Жамалбек: "Акмак, бул кылыгыңды кечирбейм, сени бул жерден жоготпосомбу, эч кимди укпай ушул болду, баарына энең күнөөлүү, ашыкча эркелетип жиберди", - деп ойлонуп алып кабинеттен чыкты, ошол убакта совхоздун малын элге өткөрүп берип жатышкан болчу. Кубат үйүнө келип балдарын бир карап коюп анан Аида менен Болоттун үйүн көздөй басты. Алардын кагазга жазып бергенин алып андан кийин дагы эки-үчөөнөн көргөнүн далилдеген ишенимин үчүн ээрчитип алып кайра конторго келди, Жамалбек жок эле, секретарь кыз аларды күтүп тургула деп коюп чыгып кетти, арадан эки сааттай убакыт өткөндө келди директор. Бирок ал баарын жаап акырында Кубатка элүү миң рубль берди да бүтүрүп койду, токсонунчу жылдары акчанын баркы кетип саны к1п сапаты төмөн болуп турган кез болчу. Токонду дарылатып канчалык караса да өзүнө келе албай койду, эки жылдап ооруканага жатып чыгып кайра эле кармап калат. туруп-туруп башкача болуп сүйлөп кирет, кызыгы канчалык ооруп жатса дагы Мээримдин тарткан сүрөтүн колунан түшүрбөйт, бүктөп төш чөнтөгүнө салып алат, кокус апасы костюмун жууганда көрбөй калбасын деп чечээри менен алып кие турган кийимине салып коюп жүрө берет. Ал үйдө жумуш жасаганды билбей калды, тамакка деле табити жок, же бирөө менен ачылып сүйлөшпөйт. Убакыт желдей сызып арадан дагы төр жыл өткөндө Кубаттын бир тууганы Турат:

- Кубат Токонду үйлөнтүп койсоң оорусунан сакаяр беле? - деди.

- Кантип, ким кызын берет, акыбалы бул болсо, менин колум жука, азыркы кыздар макул болобу?

- Мен сүйлөшөмүн, кээ бир ооруну адаштырса болот дейт, үйлөнтүп койсок жакшы болуп кетээр.

- Андай болсо жакшы го.

- Келин болсо деле алып берип көрөлү.

- Мейли.

- Кубат, Токон жинди деле эмес, башы ооруганда эле өөдүк-сөөдүк сүйлөбөсө жакшы эле, бир аз күтсөк кадимкидей болуп кетээр, - деп Анара уулуна келинди ыраа көрбөй турганын билдирди.

- Балам, акырындык менен сакайып кетсе көрөбүз да, адегенде үйлөн деп айтып көргүлөчү, - деди Турат.

- Мен айтып көрөйүн, - деди Кубат, кечинде Токон дасторкондо отуруп идишине кашыкты салып улам сапырып ойлонуп отурганда.

- Токон, эми үйлөнүшүң керек, - деди Анара сынай карап.

- Эмне, менби апа?

- Ооба балам, сени менен теңдер экиден балалуу болуп калышты.

- Үйлөн балам, - деди Кубат бир жагынан, Токон ата-энесин карап бир топко үнсүз отура берди, анан тамагын тез-тез ичип бүтүп бөлмөсүнө чыгып кетип жатып алды. Анын туюму такыр жок болуп эч нерсени ойлончу эмес, ата-эне баласынын тагдырын талкалаган балдарды каргап шилеп ыйламсырап отуруп калышты, эртеси дагы айтты эле:

- Кимди алам? - дегенде Кубат менен Анара кубанып кетти.

- Табылат балам, сени үйлөнтүп коелу, отузга чыкканча бойдок жүрө берет белең? - деди Анара.

- Сен эми чоңойдуң, аял табылабы?

- Ооба, үйлөнөм ата, - деди да унчукпай калды, негедир ушул азыр ал чөнтөгүнөн сүрөттү алып колу менен сылап, - Мээрим кайда болду экен? - деди эле Анара менен Кубат бири-бирин карап калышты.

- Ал эмдигиче күйөөгө тийип кеткендир, - деди Анара акырын.

- Чын элеби? - Токон апасын элээ карады.

- Ооба балам, жыйырма бешке чыккыча окуп эле жүрбөсө.

- Мен аны табам дегенмин апа, эми таба албайм, - Токон кабагын чытый отуруп калды, - Мени унутту го.

- Токон, алдыңа кетейин десе, кыздар бойго жеткенде ошентип күйөөгө чыгат, балдар үйлөнөт, эми сен дагы үйлөнөсүң.

- Мен Мээримди табышым керек эле, - деп ордунан туруп кетти.

- Капырай, акыл-эси даана эле го Кубат, - деди Анара ал чыгып кеткенден кийин.

- Бир аз бар, чын эле үйлөнтүп койсок кадимкисиндей болуп кетээр.

- Ким билсин, андай деле билинбейт, болгону киши менен сүйлөшпөйт, - деп Анара кейип алды, ошол күнү Токон Мээримдер жашаган үйдү карап көпкө турду, союз тарап директорлор алмашып келбей калгандан бери ал үй ээн турган эле, аны дагы бир амалкөй өзүнө каратып алганы жатканы угулган, анткени ал үй өкмөткө карачу, атайын директорлорго салынган үй эле. Ошол учурда ага жолугуп ал-акыбалын көргөнү классташтары келе жаткан, Аида менен Самат, Төрөкул, дагы Алтын деген кыз, алар ар жакка иштеп жүрүшкөн, айылга келип жолугуп калып Токонду көрүп келгени атайын чыккан эле.

- Кандайсың Токон? - деп Аида келип учурашканда баары ага кол сунду.

- Кандай ден-соолук?

- Жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы эле...

- Биз сени көргөнү келгенбиз.

- Окууга тапшырдыңарбы? - деди Токон кадимкисиндей эле карап.

- Жок, окуу кыйын, иштеп жатам, - деди Самат.

- Биз окуй албадык, бизден сен окуй турган элең.

- Эми окубай калдык го? - деп Токон жер карады, тигилер бири-бирин карап калышты, анысы: "Жакшы эле экен го, айнып калыптыр дешпеди беле", - деген көз караштар эле.

- Мен ооруп калбадымбы...

- Эчтеке эмес, эми сакайып калыпсың, - деди Самат жылмая.

- Балдар, мен үйлөнөйүн деп жатам.

- Эң сонун, үйлөнсөң жакшы эмеспи, биз кете электе үйлөнтүп кетели, - Төрөкул күлө карады, - Кимге үйлөнгөнү жатасың?

- Билбейм, атамдар тапканы жатат.

- Кызыксың го? - Самат ага таңгала карады, - Сүйлөшкөнүң жокпу?

- Мен оорукчан болсом ким карамак эле.

- Койчу Токон, - деди Аида, - Сен оорубай эле турасың го?

- Токон, башка жакка барбай эле Аиданы ала качалы, - деди Самат каткыра, - Туурабы балдар Аида деле алты жылдан бери күйөөгө тийбей сени күтүп жүрбөйбү, - Аидага карады эле ал:

- Эмне экен, тийсе тийип алам, Токондой күйөөлүү болсом жаманбы? - деп тамашалай күлүп калды, Токон унчукпады, көпкө сүйлөшүп турушуп анан кетишти, баласынын теңтуштары менен турганын көрүп ата-эне кубанып жатышты, бирок Токон туруп-туруп эле башканы сүйлөп калганын алар билип эле турат, акырындык менен калат деп ойлошот, анын негизги дарты башка экенин алар кайдан түшүнсүн. Айткандай эле алар Аиданы ала качып алышты, ата-энеси чыр чыгарып аны алып кетмек болду эле кыз болбой койду. Ырым-жырымы бүткөндөн кийин Токон Аиданы карап коюп:

- Аида, сүйлөшкөнүң бар беле? - деди бир күнү.

- Эмнеге сурадың Токон?

- Сени бактысыз кылып коембу дейм.

- Койчу Токон, мен сага тийгениме бактылуумун.

- Чын элеби? - Токон аны карап калды, ошол учурда Токондун оюна капыстан эле Асылбек түштү, анын Аидага жолобо дегени кулагына угулуп кулагын баса калды, кайра-кайра өткөнү эсине түшө берип көмкөрөсүнөн жатып алып, - Аида-а жогол, мен сени көргүм келбейт! - деп бакырып кирди, Аида үрпөйө аны өйдө кылмак болду.

- Токон, сен эмне деп жатасың, өзүңө келчи.

- Жогол, сени көргүм келбейт, Асылбек сени сүйөм! - деди колун силке.

- Ал качан эле жок болгон Токон, азыр биз экөөбүз элебиз го? - Аида ыйлап жиберди, - Өзүңдү кармачы.

- Эмне болду Аида? - Анара кирип келди.

- Билбейм, бир заматта эле...

- Токон, эмне болуп кетти балам? - Анара баласынын жанына келип ийинден алды, - Турчу балам.

- Кереги жок апа, Асылбек келип калат, Аидага жолобо деген.

- Ал жок балам, көчүп кетишпеди беле, - деп зорго тынчтандырды, ошол бойдон Токон Аиданы көргүсү келбейт, ал аны менен жаткан деле эмес, Аида ыйлап-ыйлап же кете албайт, же күйөөлүү аял болуп жашай алба чүнчүп кетти, Токон өзүнчө отуруп сүйлөй берчү болду, бир күнү алардын үйүнө эки классташы аялдары менен келип калышты, Аида жаркылдап тозуп алды, бирок анын жүрөк түпкүрүндө билинбеген арман жаткан эле. Токон алар менен жакшы эле отуруп Аида жанына келип отураар менен:

- Сен тигиндей отурчу, - деди өзү ары жылып.

- Токо, Аиданы эми жактырбай калдыңбы? - деди Сейит күлө.

- Мени тигил акмак кармап жатпайбы, - деди кабагын бүркөгөн Токон.

- Ким? - деп Сейит аялы экөө жарыша карады.

- Асылбек, - деди жини келген Токон.

- Ой досум, андан дагы эле кызганып жүрөсүңбү? - деп Сейит каткырып калганда Аида оозун кымтып койду.

- Мен эмес, ал кызганып урушпадыбы, ошонусу үчүн кереги жок, - деп Токон туруп чыгып кетип калды.

- Ал ушинтет, экөө урушуп ушундай болгон, - деди Аида улутуна, - Мен эми муну менен акыркы күнүмө чейин азабын бирге тартуум керек, минтип таштап кете албайм.

- Кызык, жакшы болуп калды дебеди беле?

- Мени көргөндө ошолор эсине түшөт окшойт.

- Дарылатышыңар керек го?

- Ошентебиз го.

- Кой, биз кетели, - деп Самат отура албай ордунан турду, аларды узатып кирген Аида акырын Токон кирген бөлмөнү акырын ачып караса:

- Жок-жок, мен Аидага жолобойм, менин Мээримим бар, сен-сен ала бер Аиданы, мага кереги жок, - деп өзүнчө сүйлөп колундагы эскирген сүрөттү колу менен сыйпалап отуруптур, абайлап кирип келип:

- Токон, бул эмне? - деди.

- Булбу? - деп жылмайып койду Токон, - Бул Мээрим, - деди ортодогу кыздын сүрөтүн сөөмөйү менен сайып, - А бул атасы, бул апасы.

- Кимдер эле?

- Мээрим тарткан сүрөт, мага берип кеткен.

- Алар кайда? - Аида анын өзү менен сүйлөшкөнүнө кубана улам суроо узата берди.

- Билбейм, мен аны жакшы көрөм, бул сүрөт жоголсо мен дагы жоголом.

- Эмнеге?

- Мен аны сүйөм, ушунчалык көргүм келет, - Токон сүйлөп жатканда Аиданын жүрөгү сайгылашып турмушунан катуу жаңылып, өзүнүн өксүгөн өмүрүнүн сыздап жүрүп өтөөрүн ойлоп көзүнүн жашы мөлт этти.

- Токон.

- Эмне?

- Мээримди тапсаң эмне кылмаксың?

- Тапсамбы? - Ойлонуп саамга туруп калды.

- Ооба, тапсаң эмне кыласың? - Аида кайра сурады.

- Үйлөнөм, - деди Токон бул жолу токтоосуз эле, - Соң той берип анан үйлөнөбүз.

- Менчи, мен эмне кылам?

- Эмне? - Токон ага кайрылып көзүндөгү жашты көрүп көпкө турду да, - Сени Асылбек алат да, - деди.

- Токон, мен сенин аялыңмын да, - Зорго айтты ушуну Аида.

- Сенби, менинби? - Таңгала карап анан башын чайкады, - Жо-ок жок, менин аялым Мээрим болот, а мен сага Асылбек айткандан кийин жолобоюн дегенмин, ал сени алып кетет, - деди да кайрадан эскирип бүктөмүнөн айрылайын деп калган кагазды салып, - Күтө тур, мен сени сөзсүз табам, - деди да кайра бүктөп чөнтөгүнө салып алды.

- Жо-ок Токон, мен сенин аялыңмын, биз үйлөнгөнбүз, - деди чыдабай кеткен Аида, - Сен менин күйөөмсүң уктуңбу?

- Бар, бар кет үйүңө, мен сага жолобойм.

- Токон, - деген Аида сыртка ыйлап чыгып бара жатканда Анара көрүп калып аны токтотту:

- Аида, эмне болду?

- Апа, мен эмне кылам, ал мени жанына жолотпой жатат.

- Кой балам, ал оору эмеспи, акырындап көнүп кетет, атың өчкөн Асылбек деген аны коркутуп койгон экен да, кантейин айланайын балам ай, жүрөгүндө анын сөзү сиңип калган тура, - деп кейий Аиданы ичкери киргизди.

- Мен кантем апа?

- Шашпа балам, чыдасаң баары жайына түшөт.

- Билбейм апа, ал Мээрим деп жатпайбы.

- Ал бала кездеги коңшунун кызы болчу, кеткен директордун кызы, азыр баладай болуп турбайбы садага, ошого дагы ызаланат бекен, - деп Анара Аиданы тынчтандырды. Кечинде Кубат экөө кеңешишти, анан Токонду врачка кайрадан көрсөтүү керектигин ойлонуп алып бармак болушту, Аида акырын Токондун жанына келип жатты: "Балким бирге болсок имерилип өзүнө келип калаар", - деп ойлонуп акырын кучактады, Токон шарт бурулуп аны карады:

- Эй сага эмне болду?

- Мен сени сагындым.

- Жинди го, агай-эжейлер билип калса эмне дейт, мен эртең сабакка барамын, анан Асылбекти көрсөм аябай жанчам.

- Токон, келчи эми кучакташып жаталы.

- Сен бузулган кызсың го? - Токон тура калды, - Тур ары!

- Мен сенин аялыңмын, сен менин күйөөмсүң, кел бирге жаталы, биз балалуу болобуз, сага балабыз оп-окшош болот, - Аида анын жаагынан сылап аста оозуна оозун жакындатты, - Биз балалуу болобуз Токон.

- Эмне, балалуу болобузбу? - Кайрылып делдээ карады.

- Ооба, сага окшош уул төрөп беремин, - Аида жылмайып оозунан өөп койду, - Балалуу болгуң келеби Токон?

- Жакшы болот ээ бала?

- Ооба, биздин балабыз сага аябай окшош болот, - Аида аны сылап сыйпап бүт денесин кармалап киргенде Токон унчукпай калды, Аида өзү аракетке өтүп аны эптеп кыймылдатты, ошентип ал күнү экөө бирге болду, чынында Аида кыз эмес болчу, шаарда жүрүп бир жигит менен жүрүп ал алдап кеткен эле, ошондуктан өзү ага чабуул жасаган эле. Токон аны кыз же жубан экенин сезген деле жок, бирок сезими бар экенин сезди Аида, анткени кызуу учурунда жан талашып өөп жаткандыктан кубанып алды. Кызыгы эртең менен болду, экөө тең катуу уктап калган экен, Токон туруп алып өзүнүн, Аиданын жылаңач жатканын көрүп бакырып тура калды:

- Аа-ай, биерде эмне жатасың?! - деп Аиданы түртүп ойготту, анын үнүнөн улам Анара чоочуп кетип кирип келе жатып башка чапкандай артка кайрылды. Аида шашыла кийинип:

- Токон, эмне болду сага, биз балалуу болобуз дебедик беле? - деди да кучактап тынчтандыра баштады.- Жо-ок, уят эмеспи, жылаңач жатканың, уят-уят сен жиндисиң уят.

- Уят эмес, биз аялы күйөөсүбүз да, жакында балалуу болобуз.

- Жок-жок, мен уялам, кет үйүңө кетип кал, - деп кийинип чыгып кетти, Аида томсоро отуруп калды: "Неге ушундай болду, Асылбекти эмес сени сүйчү элем го, мен үчүн ушул абалда калдың эле, эми өмүрүмдүн акырына чейин сенин азабыңды да жыргалыңды да бирге тартууга даярмын", - деп ойлонуп көптөн кийин сыртка чыкты. Аиданын ыйлаган көздөрүн көргөн Анаранын ичи тың дей түштү: "Бечарам ай, бу дагы бирөөнүн баласы го, кетирип эле ийсем бекен, ата-энеси эмне дейт, Токонду догдурга алып кетсек үйдө жүрө бермек беле, акыры кетет го, же өзүнө сүйлөшүп көрсөм бекен", - деп ойлонуп үйгө кирип кетти, арадан эки күн өткөндөн кийин:

- Аида, отурчу сүйлөшөлү, - деди Анара.

- Эмне болду апа?

- Эртең Токонду догдурга алып кетем, сен эмне кылайын дейсиң?

- Апа, мен Токондун жанында болсом болобу?

- Кыйналасың го балам.

- Жок, мен кыйналбайм апа, акырына чейин бирге болом, сакайып кетсе баары билинбей калат.

- Эзилип бүттүң го айланайын, сен дагы бирөөнүн баласысың, биерде эмне болуп жатканын кудагыйлар билбейт, билсе сени койбойт эле, - Анара ичтеги кыйнаган оюн айтты, - Сакайып калса кайра келесиң.

- Жо-ок апа, - деп Аида жалдырай карады, - Мен Токонду мындай абалда таштап кете албайм.

- Өзүң бил балам, - Анара үшкүрүп алды.

- Мен кошо барайын апа.

- Мейли, жаткырып дарылатпасак болбойт.

- Өзүм жанында болом.

- Садага болоюн десе, мээнетиң кайтып Токонуң сакайып кетсе кана, биз ата-энебиз, уулубуз менен бирге кыйналып азап чегип өткөнгө кайылбыз, кудайым кулум десе жакшы болуп кетет.

- Ооба апа, мен дагы ошентип ойлойм, анда мен даярдайын, Токонду жуунтуп коеюнбу апа? - деп Аида кубанычтуу ордунан турду.

- Ошент балам, эртең эрте чыгат, - Анара ойлуу келинин карап башын ийкеди, ал ички бөлмөгө кирип кийим-кечесин даярдап, суу жылытып чаркарга Токонду алып кирип жуунтту, ал мындайда унчукпайт, көп деле сүйлөбөйт, уруш чатак чыгарбайт, болгону Аиданы көргөндө кээде эле Асылбек эсине келип жинденип кетчү болгон, кадимкисиндей болуп тиричилик менен иши жок, эч нерсе сезбегендей өзү менен өзү болуп жүрө берет. Эртеси алар жолго чыгышты, Бишкекке алып келип башын тарттырып көргөзүштү, аны көргөн врач Анарага карап:

- Балаңыздын мээсине доо кеткен, туруп-туруп өзүнө келип жатабы?

- Ооба, операциядан кийин бир аз жакшы болуп калган.

- Өкүнүчтүү, эми дагы көрөбүз, дарылайбыз...

- Деги сакайып кетеби?

- Айтыш кыйын, - врач ордунан турду, - Жатып турсун, он-он беш күндөн кийин башка жакка которобуз, - деди да чыгып кетти, Аида жанында калды, ал анын айтканы менен болуп баладай көзүн карап турат. Бир күнү костюмунун чөнтөгүнөн баягы сүрөттү таппай аябай жинденип:

- Кана Мээрим, кана сүрөт, ким алды?

- Токон, эмне болду? - Аида аны кармай калды.

- Менин Мээримим жок, мен аны табам дегенмин, таап берчи мага Аида, ал мени дагы издеп жатат, мен...: мен... - Аиданы түртүп жиберди, - Та-ап!

- Тынчтаныңыз, эмне болду? - Сестра кирип келди, Аида башы дубалга тийип зорго турган: "Мен муну менен жүрүп өзүм дагы келесоо болуп калбасам экен", - деп башын ушалай көпкө турду, Токон сестрага дагы болбой бакырып өкүрүп жатканда Анар кирди:

- Кокуй ай, деги эмне болду?

- Апа, сүрөтү кайда эле, ошого жинденип жатат, - деди Аида.

- Эсиме жара чыгып аны чөнтөгүнөн алып үстөлгө коюп койдум эле, аны жок кылып коюшпаса экен, - Токонго карады эле укол сайганга уктап бара жатыптыр.

- Эмне болгон сүрөт? - деди сестра аларга карап.

- Колго тартылган сүрөт кичинекей кыз тарткан.

- Аны эмне кылат?

- Ээ кызым, оорунун кээри да, - Анара үшкүрүнө уулунун жанына отуруп көз жашын аарчып алды, - Алданемедей балам бар эле, кудай жазаңды берсин аа-а!

- Апа, мен айылга барып ал сүрөтүн алып келбесем болбойт, - деди Аида кайненесине бурула.

- Ошол үчүн убара болосуңбу балам, берип ийгиле деп айтып жиберсекчи, азыр жол кире дагы оңой эмес, сен барып келген акчага дары-дармек алсак болбойбу карангүн, колдо жоктун кордугу күч болуп турганда.

- Мейли анда, мен автовокзалга барып кат жазып берип ийейин.

- Ошент, тааныш чыгып калаар.

- Ооба, мен барайын, - Аида шашыла чыгып кетти, Токон көзүн ачып эле кайрадан кийимдеринин чөнтөгүн карайт, анан издегенин таппай калганда бакырып кыйкырып кирет, бир жумага чейин кагазга ороп берип ийген сүрөт келгенче эчтеке дагы ичпей, бакырып эч кимди жолотпой жатты. Ага сүрөттү колуна бербей костюмунун чөнтөгүнө салып уктап жатканда жанына коюп коюшту. Токон жаш баладай эле болуп калган, эртең менен ойгонгондо кечээгилери эсинде жок кайрадан издейт, бүгүн дагы ойгонуп эле таап алып кубанып кетти:

- Мээрим, мен сени табам, анан биз үйлөнөбүз, чо-оң той беребиз макулбу? - деп жанына келген Аидага карады, - Көрдүңбү, ал кичинекей, сулуу дагы бекен?

- Ооба, кел эми бети колуңду жуу.

- Жуубай эле коеюнчу.

- Кел эми жуу, азыр тамак ичебиз, - деди Аида ага жылмая, күндө ушул көрүнүш, Аиданын апасы кызына таарынып келбей жүргөн, эми ооруканага кетти дегенди угуп келип калыптыр, издеп жүрүп зорго таап келген, палатанын эшигин ачып кирип эле Токонду көрүп жаман болуп кетти: "Курган кыз, шорго малынган экен, өмүр бою жинди менен алышып эмне табат деги", - деп Токонго кайрылды:

- Жакшысыңбы айланайын?

- Жакшы-жакшы, - деди Токон кадимкидей эле.

- Апа, качан келдиңиз? - деп сурап көздөрүн ала качты Аида.

- Үйүңөргө барсам куда айтты, анан өз көзүм менен көрөйүн деп келдим, - деди Оңол кызына нааразы болгондой, - Кетип жатабыз деп айтып койбойт белең ботом.

- Апа...

- Болду, - Оңол кызың акшыя карап эшикке чык сүйлөшөбүз дегендей жаңдап жатканда врач менен сестра кирди.

- Кубатбеков, бүгүн сени башка жакка которобуз, даярдан6а бергиле, кагаздарын даярдап жолдомону жазып койдум.

- Каякка? - Аида врачты суроолуу карады.

- Чым коргонго.

- Эмнеге? - Аида көзүн алайта карады, - Бул...

- Ошондой кызым, ошол жактан оорусуна жараша дарылашат, бизде андай шарттар жок, жакшы болуп кетсин, - деди да чыгып кетти.

- Мына, эми жыргап жат, бас эшикке сүйлөшөлү, - деп Оңол эшикти көздөй басты, Токон алардын эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканы менен иши жок сүрөттү кармалап улам сылап коюп отура берди.

- Деги акыл эсиң ордуңдабы? - деди Оңол коридорго чыккандан кийин, - Жинди неме менен канчага чейин алышасың?

- Апа, ал жинди эмес, айттым эле го баары мен үчүн болду деп.

- Ооба, жиндини жинди дейт, Чым коргонго соо немен жөнөтөт беле.

- Азыраак кыйын болуп турат апа, баары өтүп кетет, көрөсүз го Токон сакайып кетет.

- Көп сөздү кой, мени менен кетесиң, сыртта Садыр күтүп турат.

- Акем дагы келди беле?

- Ооба, сени алып кетели деп келгенбиз, - Алар тартышып турганда сиңдисиникине кеткен Анара келип калды:

- Кел кудагый, аман-эсен жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, - Оңол аны жактырбай карады, - Мен Аиданы эжесиникине алып кетейин, жуунуп келип алсын.

- Апа, бизди азыр алып кетет, камынышым керек.

- Жетет, эми жиндиканага дагы бармаксыңбы?

- Апа дейм.

- Аида, - деди Анара Оңолдун сөзүнөн чыйрыга түшүп, - Сен бара бер, мен өзүм кошо кетем, өз баламды өзүм эле карайм, - Палатанын эшигин ачып кирип кетти. Аида ыйлап жатты:

- Мен эч жакка кетпейм, Токон мен үчүн ушул акыбалга келген, аны бул акыбалда таштай албайм! - деп палатага кирип бара жатканда Оңол аны кармап калды:

- Сени мен бул жиндинин жанына койбойм! - деп жетелеп жөнөгөндө Аида колун силке бошонду:

- Мени балалыктан кечип койсоңор дагы барбайм!

- Өмүр бою жиндинин азабын мойнуңа жүктөнүп өтмөксүңбү ыя?

- Аида, - Анара чыга калды, - Мен сага ыраазымын, кудай ыраазы болсун айланайын, баламдын жинди экенин эми билип отурам, муну укпасам болот эле, эми сен дагы кыйналба балам, башка түшсө байтал жорго деген, кудайдын салганын көрөөрбүз, бара-бара гой.

- Кет дегенде ит дагы кетет, сен итче жоксуңбу ай кыз, бас кеттик, - деп Оңол Аиданы колунан алып дегдеңдете жетелеп кетип жатты, Анара уулунун жанында отуруп алып ыйлап сүйлөнүп жатканда Токон карап коюп отура берди:

- Жараткан, алты жылдан бери ушул оорунун азабын тартты уулум, деги кай күнөөсү үчүн бул абалга келди, ушул уулумдан үмүтүбүз чоң эмес беле, өзү теңдүүлөрдүн алды болуп өстү эле го, неге мындай болду, оң көзүңдү сал жараткан, өзүңдөн өткөн улук жок, жан-жаныбарларды жараткан кудурети күчтүү алла таалам, баарыбыз өзүңдүн колуңдагы кулуңбуз, уулумду сакайта көр, бир келген өмүрүнө жарык жашоо тартуула жараткан алла...

- Даярсыздарбы, унаа даяр, - деп сестра кирди.

- Өзүбүз барсак кабыл ала береби кызым?

- Мен кошо барам.

- Ийи, - деп Токонго карады Анара, - Кетели балам, - Токон каякка дебеди, унчукпай эле колтуктаганда басып кете берди. Ичи сыйрылып көзүнүн жашы көл болгон Анара унаага түшүрүп өзү отурду да кете берди. Ал жердеги врачтар анын историясын карап көрүп бөлмөгө киргизишкен соң:

- Сиз бара берсеңиз болот, биерде өздөрү карашат - деди.

- Жок балам, тамак дагы өзү ичпейт, өзүм карабасам болбойт.

- Эже, биерде калганга болбойт, бизде ушундай, - Асек Ураимович алакан жая жылмайды, - оорулууларды карагандар бар, кабатыр болбоңуз.

- Кантип таштап кетем, жаш баладай эле...

- Баары жайына келет, кабатыр болбоңуз, биз даярбыз эже.

- Кудай колуңарга кубат берсин айланайын, мен алыстан келгенмин, барар жерим дагы жок эле, бүгүнчө баламдын жанында калсам болобу, таң эрте жолго чыгайын.

- Мм, - Асек Ураимович кыйылып туруп анан, - Жарайт, андай болсо арга жок, мындай жашыңызда жолго таштаганга укугубуз жок, - деди да сестрага кайрылды, - Бу кишини бүгүнчө уулунун жанына жаткырып койгула.

- Жарайт, - деп сестра Анараны ээрчитип узун коридор менен барып эң четтеги палатага киргизди, Токон эчтеке менен иши жок кеберетте отурган, аны көрүп:

- Алда-а кагылайын ай, сенин ушундай акыбалыңды көрбөй неге эрте өлүп калбадым экен, жаркылдаган уулумдун ара жолдо калганы үчүн бирөө жазасын алаар бекен, мендей болуп энелери сыздады бекен? - деп көзүнүн жашы куюла карап тура берди, анын эмнеге ыйлап жатканы менен иши жок улам карап коюп колдорун ушалап оозун кыбыратып коюп жатты. Эртеси Анара үйүнө жол тартты, үйүнө келип дагы балдарынын кантип жатканын көрүп көөнү жайланган соң ыйлап кирди, Кубат үйдө жок эле, ал эшиктен кирип эле:

- Жайчылыкпы деги?

- Жайчылык болсо кана, Токонду жиндиканага алып барып койду, - Бырылдап мурдунун суусун алып ыргытты.

- Эмне дейт? - Кубат ормое карады, - Ал жинди деле эмес го?

- Бизге ошондой көрүнөт да, алар үчүн жинди экен Кубат, жакшынакай балам ушинтип калбадыбы-ы!

- Кудайдан башка айла барбы? - Кубат шалдая отуруп калды.

- Ошол да, кудайдан башка айла жок, жараткандан тилейли.

- Көп кайгыра бербе кемпир, Аида жанында калдыбы?

- Аны кетирдим, куру бекер жүрө бергенде эмне, - Анара аны кудагыйы алып кеткенин айткысы келбеди, күйөөсүнүн деле өзүнөн кем эмес кайгырып турганын кантип билбесин. Эрди-аял бири-бирин түшүндү, Кубат ага айтпады, Оңолдун келип алып өйдө-төмөн сүйлөп кеткенин: "Жинди балаңарга чырактай кызымды алып берип башын айладыңар, жетет, алып кетем", - деген болчу ал келгенинде...

Мээрим атасынын кызматтык иши боюнча ар кайсы райондун совхозуна которулуп ар кандай мектептерге окуду, ошентсе дагы ал Токонду унута албады, Баатырбек күнү түнү кеч келип кызын кээде көрсө кээде уктап жатканда көрөт, Гүлнара андан кийин эки уул төрөгөн, үч бала менен үйдө, Мээрим бир күнү калем салгычты кармап отурганда Гүлнара:

- Ой аны ыргытып ийсең боло, эскирип калбадыбы, жаңысын сатып бербедим беле, - деди.

- Мама, бул деген белек да, кантип ыргытмак элем? - деди ойлуу.

- Болбогон буюмду белек деп турганын кара, - Гүлнара кызын жактыра бербей карады, - Аны карап отура бербей сабагыңды оку, жакында экзамениң башталат.

- Мама, сабагым жакшы эле го, - деп туруп келип апасына эркелей мойнунан кучактады, - Мама, Токон дагы чоңойгондур ээ?

- Анын эмнесин сурайсың кызым, жетип жетпей алар да жашап жатышкандыр, бири кем дүйнөдө каалаганын жасай албаган кандай жаман.

- Эми ата-энесинин жок жарды жашаганына Токон күнөөлүү эмес да, - Мээрим ойлуу кайра сабак даярдоочу үстөлүнө келди, - Мен Токонду көргүм келет мама, кандай болуп калды экен?

- Аны унут кызым, сени атаң Алишерге берем деп жатпайбы.

- Мен аны айткан жокмун, кандай жигит болгонун көргүм келет.

- Кой, мен өз ишимди кылайын, - Гүлнара бөлмөдөн чыкмак болуп эшикке жакындады.

- Мам...

- Айта бер, дагы эмне дегиң келди?

- Айылга барып келбейинби?

- Эмнеге, ал айылда жээк жаатыбыз болбосо делеби?

- Токондордукуна барып келейин, атама айтпай эле коюңузчу.

- Болбойт, чоочун эл, сен бойго жетип калдың, бирөө жарым...

- Ой коюңузчу, макул деп эле койсоңуз мам.

- Жок, аны кыялыңа дагы келтирбе, - деп Гүлнара чыгып кетти, Мээрим ойлонуп отуруп калды, ал азыр онунчу классты бүтмөк, дал ушул кезде Токон операциядан кийин өзүнө келе албай калган эле. Убакыт өтүп мединститутка кирип окуп калды, албетте атасынын тааныштыгы, кадыр баркы менен. Баатырбек ошол жылы катуу ооруп калды, көзүнүн тирүүсүндө кызын ишенимдүү жерге берип көңүлүн жайлагысы келип мурдатан сөз кылып жүргөн Бекмуратка Мээримди келин кылып бермек болду. Алишер институтту жаңы бүтүп келип экономист болуп иштеп жаткан, экөөнү жолуктурмак болуп жайкы каникулда үйүнө келген Мээримди Гүлнара дүкөнгө жумшады. Анын алдынан Алишер чыгып учурашып калды:

- Кандай Мээрим, окууларың жакшыбы?

- Жакшы, баары ойдогудай.

- Мен сага атайын жолукканымды билээрсиң?

- Билем, бирок биз эски салтты артка ташташыбыз керек го?

- Ата-энебиз ушуну каалап турса.

- Биздин өз эркибиз жокпу, сиз деле ойлонуңузчу, биз бири-бирибизди эч качан сүйгөн эмеспиз туурабы, анан кантип бирге болобуз?

- Мээрим, сенин айтканың туура дечи, бирок жашоо алдыда эмеспи, балким көнүшүп кетебиз, - деди Алишер кызды көз кыйыгы менен карап, жерди бутунун башы менен чукулап.

- Жок, мисалы мен көнө албайм, - Мээрим аны тике карады.

- Анда атаңдын сөзүн сыйлабаганыңбы?

- Кеп анда эмес, экөөбүздүн келечегибизде жатпайбы.

- Жо-ок, мен ата-энемдин сөзүн эки кылган эмесмин.

- Тагдырыңды таразага салгың келеби?

- Ооба, бет алдымда кандай нерсе күтүп турганын билгим келет.

- Тозок болсо дагыбы?

- Албетте, ансыз деле тагдырдын сыноосу жалаң жыргалдан турбайт.

- Мен анте албайм, себеби менин балалыгымдан бери бир гана максатым бар, андан баш тарта албайм, - Мээрим ойлуу басып жөнөдү, - Максат коюп жашоо ар бир адам үчүн кенен ачылган жолду табуу, мен ошону таап өз максатыма жетким келет.

- Жигитиң барбы?

- Азыр жок.

- Муну кандай түшүнсөм болот?

- Каалаганыңыздай.

- Мээрим, мен сени менен бат эле тил табышып кетем деп ойлодум эле, андай болгон жок, талашып тартышуунун да кажети жок экен, - деди Алишер аны жүзүнө үңүлө карап, - Чындыгын айт, жигитиң болсо мен сөзүмдү кайра алам, ата-энеме биринчи жолу каршы чыксам боло берет, - деп күлдү кайра Алишер.

- Ачыгын айтайынбы? - Мээрим аны карап күлүмсүрөй туруп, - Менин азыркы тапта жигитим жок, бирок жүрөгүмдө бирөө жашайт, - Мээрим кетип жатып сүйлөп бара жатты, - Ал кандай жигит болду, мени эстейби же унуттубу билбейм, бирок ал менин балалыгымдан бери жүрөгүмдү ээлеп алган, менден башкалар болсо балким баарын унутаар, андан кийин деле көп классташ күттүм, көп эле досторду көрдүм, ал негедир эч качан эсимден чыкпады, кээде түшүмдө мени атымдан атап жардамга чакыргансыйт, эмнеге экенин түшүнбөдүм...

- Каякта эле?

- Таш Көмүрдө.

- Оо-уу, алыс го?

- Ооба, абдан алыс.

- Канчада элеңер анда?

- Мен ондо, ал он экиде эле...

- Сегиз жыл өтүптүр да?

- Ооба, бирок сегиз жыл мен үчүн сексен жылга тете болду.

- Бала кездеги оюн тура, - Алишер каткырып калды, Мээрим унчуккан жок, дүкөндөн керектүүсүн алды да кайра жолго түштү, негизи үйүндө баары эле бар, болгону экөөнү сүйлөшсүн деп эле жөнөткөн, аны Мээрим деле билет.

- Кеттик, - деди өзүн күтүп турган Алишерге.

- Жарайт, - Экөө катар басып келе жатышты, - Эмне дейсиң?

- Кандай? - Мээрим аны түшүнө бербей карап калды.

- Ата-энебизге эмне дейбиз?

- Сиздин жүрөгүңүз эмне десе дей бериңиз.

- Анда макул дешим керек да, - Күлө карады Алишер, ал кубангандай эле, - Мен сага үйлөнүүгө каршы эмесмин.

- Музду кучактап жатууга даярмын дейсизби?

- Бара-бара өз ордуна келет деп ойлойм.

- Жаңылып жатасыз, мени сезимдерим алдабайт.

- Сезимдериң эмнени туйдурат?

- Ашыгып чечим чыгарба дейт.

- Балким ашыкканыбыз туурадыр, өз убагында бири-бирибизге көнгөнгө.

- Бул өтө чоң жаңылууга алып келе турган жол, сиз өз жүрөгүңүз менен кеңешип көрдүңүз беле?

- Менин жүрөгүм баары туура деп эсептейт, - Алишер күлүп койду, алар үйгө жакындашты, ушул арада Мээрим ага бир да жолу жылмая карабады: "Мейли, азыр ошенте берет, анан өзү эле баскан изимди санай баштайт, кыздардын баары эле кылыксына беришет башында", - деп ойлогон Алишер сылык коштошуп анан үйүнө жөнөдү. Мээрим эчтеке болбогондой үйгө кирип баштыгын койду да бөлмөсүнө өтүп кетти, Гүлнара үн дебеди, кечке маал Бекмурат менен Сурма келип тойду тездетүүнү сүйлөшүп кетишти, Баатырбек төшөктө жаткан:

- Ата, - деди Мээрим жанына келип отуруп.

- Айта гой кызым.

- Ата, мен Алишерге баргым келбейт.

- Эмне? - Баатырбек ормое башын көтөрдү.

- Мени жөн эле кыстап жатасыз ата, эртеңки келечегимди ойлосоңуз боло?

- Сени эч ким кыстабайт кызым, болгону мен сени бактылуу болсун деп жатпайынбы, - Баатырбек онтоп алды, - Сенин бактыңды ойлойм кызым.

- Папа, мени түшүнсөңүз.

- Жок, адегенде мени ук, - Баатырбек башын өйдө көтөрдү, - Апаң экөөбүз деле бактылуу жашадык, мына биз сүйлөшпөй этпей эле ата-энебиздин айтканы менен баш кошконбуз, инилериң жаш, абалым оор кызым, кандай күн болуп кетээрин ким билет, кокус көзүм жумулуп кетсе көөнүм тынч болсун.

- Пап, антпеңизчи, сакайып ке5тесиз папа, - Мээрим атасынын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап ийди, - Көрөсүз го сиз аман-эсен сакайып кетесиз.

- Эркем десе, эгерде бул өмүрдөн өтсөм дагы жашоого нааразы эмесмин, жакшы жашадым, кыскасы бир гана өкүнүчүм кызымды берип бактылуу жүзүн көрсөм, келин алып балдарымдан көөнүм тынчыса болмок, - Оор дем алып үшкүрүп ийди, - Аттиң, өмүр дегенге адам тойбойт экенбиз да, сүйсүн деп бала берди, каалаганымдай кызматтын үзүрүн көрдүм, дагы кудайдан силердин үй-жайлуу болуп небере күтүшүңдү күтүп жатам, көр пендемин да-а...

- Ата, - деп жиберди Мээрим, - Сиз капаланбаңызчы, мен макулмун ата.

- Садагам десе, сен бактылуу болосуң кызым, Алишер жаман жигит эмес. Баатырбек кубана жүзү тамылжый жатып калды, анын оорусун врачтар айыкпайт дешкен эле, аны аялы менен балдарына айттырган эмес, ооруканадан чыкканда эс алып кайрадан дарылануусун улантат деп коюшкан, бирок Баатырбек баргысы келбегенин айтып үйдө жатып алды.

- Баатыр, көп сүйлөй бербей эс алсаңчы, кызың экөөң аябай сүйлөштүңөр, - деди Гүлнара кирип, - Тамак даяр болуп калды, алып келейинби?

- Ооба, азыраак эле алып кел.

- Макул, - деп Гүлнара ага муздатып алып келип, аркасына жаздык коюп жөлөп отургузуп алдына салфетка төшөп колуна карматты, - Ыңгайлуу болдубу?

- Болду, байбиче балдарыңды тойгуза бер.

- Алар эми чоңойбодубу, даяр немени өздөрү эле ичет.

- Мейли байбиче.

- Тойго камынып бүттүк, эки күндөн кийин Мээримди алып кетишет.

- Бактылуу болсун, бир неберемди көрсөм болот эле...

- Дөөрүбөчү Баатыр, бала болуп кетесиң да, - Гүлнара ичи тызылдап турса дагы көңүл улай сүйлөдү, - Буйруса көрөсүң, андан көрө врачтарды угуп дарылансаң болот эле, эми Мээримди узатып алсак жатып дарылан ээ?

- Макул байбиче.

- Сен бизге керексиң Баатыр, менде бир тууган, төркүн деген жок, уулдарың менен Мээримди өз-өзүнчө үй-жай күттүрүп койсок экөөбүз санаторияларга чогуу барып эс алалы, жамандыкты ойлой бербе, - деп эшикке чыгып кетти, ал сыртка чыгып ыйлап-ыйлап анан бети колун жууп кайра кирди, балдарына кейигенин көрсөткүсү келбеди. Баатырбек саналуу гана өмүрү калганын билгенден кийин өзүнө-өзү кайрат берип: "Тобо дейин, бул дүйнөдө мен киммин, дөө-шаалар өткөн дүнүйө эмеспи, ушунчалыгына шүгүр, уулду-кызды берди, баланын үнүн угуп жытын жыттап балдыр тилине кандым, кыял жоругуна тойбой искедим, жаман жүрбөдүм, сыйдын үстүндө болдум, кызматымдан пайдаланып бир ээр адамдарга кысым көрсөтүп жаман айткан болсом алла өзүң кечир, өзүңдүн колуңдагы алсыз кулуңмун, балдарым бактылуу болсо болду, өзүңө өзүмдү тапшырдым алла, бери каратсаң да алып кетем десең да ыраазымын", - деп ойлонуп тамагын ичкенден кийин жатып уктап кетти. Түшүндө ата-энеси жанында отуруптур, өнтөлөп эле кадимки тирүүсүндөгүдөй аяктагы сүткө окшогон аппак нерсени оозуна кармап: "Мынчалык неге жүдөп кеткенсиң уулум, ушуну ичип алсаң өзүңдү жакшы сезип каласың, ичип ал ушуну, көптөн бери сага деп катып жүргөнбүз, жолуга албай жатпадыкпы, эми биздин дагы санаабыз тынч болот", - дегенде: "Ата, силер дагы ичпейсиңерби", - дейт Баатырбек: "Жо-ок балам, ал сенин ырыскың, биздин иче турганыбыз башка", - деп эле көздөн кайым болушту. Ойгонуп кетсе бүткөн боюнан көл шал болуп тердеп калган экен: "Кудая тобо-о, кадимкисиндей эле жүрүшкөн экен, сакайып кетет окшойм, врачтар айыктыра албаган дартты түштөгү берген аян аркылуу сакайта алабы, ким билсин, кудайдан башка улук жок эмеспи", - деп өйдө болмок болду эле бүт денеси жеңилдеп калыптыр. Акырын туруп эшикке чыкты да кранга бети-колун жууп жатканда Гүлнара көрүп:

- Баатыр, жыгылып кетпе, - деп жетип келди.

- Жыгылбайм байбиче, керемет түш көрдүм, Жамгырбекке Атайды жиберип бир эчки алдыр түлөө өткөрөлү, анан атамдарга куран окуталы, - деди.

- Ооба-ооба, түшүң туш келсин чалым, кудайым берет экен, - деп кубанган Гүлнара үйгө ээрчише кирди. Андан кийин Атайды айылга жөнөтпөй эле базардан бир кой бир козу алдырып түлөө өткөрүштү, андан бир күндөн кийин куран окутушту, эки-үч күндөн кийин Мээримди Алишер ала качып алды, жол жобосунун жасашты, бул учурда Баатырбек

үйгө өзү кирип чыгып калды, аны көргөн врач абдан таң калды, бирок ал эч нерсе дебеди. Гүлнара экөө отурганда:

- Керемет түш болду кемпир, кеседеги сүт экенин же кымыз экенин билбейм, канчалык жутсам дагы бөксөрбөдү, - деди мурутун сылай.

- Ырыскыңды бөксөртпөй берген экен, кудайдын өз эрки да чал, амандыгың биз үчүн олжо эмеспи, Мээримди болсо күйөөгө бердик, жакшы кишилерге келин болду, Алишер дагы жаман эмес.

- Атайды быйыл окууга жөнөтпөй калдык, буйруса эмдиги жылы киргизели ээ?

- Өзүң сакайып кетсең эле болду, балдарды аманчылык болсо окутабыз, - деп экөө кеңешип чай ичип отурушту. Ошондон кийин Баатырбек ооруканага дагы барбады, өзүнөн-өзү сакайып кетти, бул керемет көрүнүшкө өзү менен катышып жүрчү врач досу абдан таңгалып сурачу болду, бирок ал эчтеке айтпады. Бүгүн дагы келип аны менен аркы беркини сүйлөшүп отуруп:

- Баке, чынын айтсам такыр ишенгим келбей турат, борбордон берген врачтардын аныктамасы, биздин текшерүүнү бүт жокко чыгардың, мунун сыры эмнеде? - деди суроолуу тигилип, - Медицинанын алы жетпеген ооруну кандайча жеңдиң?

- Бир гана алланын колунда экенибизди унутпа досум, мени алланын өзү сактады, мен өзүмө-өзүм эмес кудайга ишендим, биротоло тапшырып салдым, ошентип билинбей сакайып бара жаттым.

- Эми бир текшерүүдөн өтүп көрбөйсүңбү.

- Эмнеге?

- Өпкөнүн кандай болуп калганын көрөлү.

- Жок, кереги жок, - деди Баатырбек, - Эмне болсо да көрдүм, үстүбүздө кудуреттүү кудай турат, кандай болоорун ошол гана билет.

- Туура дечи, бирок биз жетимиш жыл бою кудай жок деп жашап келбедик беле, партиянын милдетин өзүң дагы аткарып көрдүң, иши кылса изилдөө керек.

- Жок досум, башканы изилдегиле, мени тынч кой.

- Мейли досум, көңүлүңө алба, кызык окуя болду, отуз жылдык тажрыйбамда мындайды көргөн эмесмин, - деп көпкө отуруп анан кетти Кемел. Ал кеткенден кийин Баатырбек: "Кызык адамдарга деги эмне керек, ооруңдан сакайып кетсең дагы суроо салат, ооруп жатсаң андан бетер", - деп өзүнчө ойлонуп калды. Мээрим Алишерге тийгени менен өзүн таптакыр ээн талаа эрме чөлдө калгандай эле бир бечара сезип жүрдү, Алишер анын көзүн карап эле турат, бирок ага мустайып бир жылмайбады.

- Мээрим, эмнеге көңүлүң ачылбайт? - деди бир күнү Алишер.

- Жакында сабак башталат, кетишим керек.

- Ойлонбой эле кой, экөөбүз тең бир жума калганда кетебиз.

- Жумушуңчу?

- Аяктан иш таап иштейм да.

- Мм, - деген Мээрим анын өзү менен кетишин каалабай турду.

- Мээрим, биз эми бир үй-бүлөөбүз, сен менин аялымсың, ички сырыңды катпай оюңдагыны мага айтсаң болот, - деди көптөн кийин Алишер.

- Эмнени айтам?

- Сенин мага көңүлүң жок билем, бирок өзгөрүү болуш керек да.

- Кандай өзгөрүү, мен сага айтканмын, музду кучактап жаткың келеби деп, кебиме кулак салбадың, өзүңө башка жар издешиң керек эле.

- Мен сени тандадым, жактырып калганым күнөөбү?

- Билбейм, бирок сен менин жашоомо бекер кирдиң.

- Эмнеге?

- Себеби, мен сени сүйбөйм.

- Сүйбөсөң сүйүп кетесиң.

- Болушу мүмкүн эмес.

- Неге андай дейсиң?

- Билип турам, менин жашоомдо башка бирөө бар...

- Жомогуңду кой Мээрим, - деп Алишер кызаңдай сыртка чыгып кетти: "Мени сен түшүнбөйсүң, ал мени күндүр-түндүр чакырып жатат, жардамым керекпи ага билбейм, ал баягы эле мен көрүп коштошкон бойдон, бирөөгө айтсам акылынан айныптыр дешээр, неге мындай экенин өзүм дагы билбейм", - деп ойлонуп мелтиреп отура берди. Кечинде кызуу келди, өздөрүнүн бөлмөсүнө кирээрде апасы наалып калды.

- Ичип алыпсың да балам, жакында шаарга кетесиңер, көп ичпесеңчи.

- Апа, мен барбайм шаарга.

- Апей ботом, аялыңдын өзүн кетирип ийесиңби анан?

- Окуй берсин, мен ордумда эле иштей берем, - деп кирип кетти, Мээрим диванда ары карап уктап жаткан, төшөгү салынуу, аны көрүп: "Көңүлү жок немени эмнеге ала койдум, өздөрү караанымды көргөндө кашын серпип, көзүн сүзгөн кыздар жок эмес эле, эмнеге буга жалдырадым", - деп анын карама каршысындагы креслого отуруп ойлонуп жатып уктап кетти. Мээрим анын келгенин байкаган жок, төшөгүн салып коюп анан күтүп отуруп уктап калган, бир кезде түш көрүп жатты, ал баягыдай эле чачына барпырата лента тагынган секелек экен, Токон экөө кол кармашып гүлдүү талаада кооз гүлдөрдү терип жашынмак ойноп жүрүп эле бир кезде бири-бирин таптай калат, жанынан чоочун жигит өтсө аны карабай кайра эле Токонду издеп убараланып жатканда Алишер пайда болуп: "Мен мындамын, сен мени тааныбай калдыңбы?", дейт: "Жо-ок, сен башкасың, Токон эмессиң, ал эми эле ушул жерде болчу", - деп өзүн караса эми элеги өрүлүп лента байланган чачы узун болуп артында жазылуу экен: "Мен качан чоңоюп кеттим, - десе Алишер ырсайып: "Сен менин аялымсың да", дейт: "Жо-ок, мен сени тааныбайм, мен Токонду издеп жүрөм, ал эми эле ушул жакка жашынган", - деп бет алдын көздөй жүгүрүп жөнөдү, кете берип бир кезде эле баягы гүлдөр саргайып кетип анын арасында бүрүшүп өзүнүн бала кездеги ата-энеси менен өзүн тарткан сүрөттү алып Токон отурат: "Жүрү кеттик, биерде эмнеге отурасың", - деди эле ал: "Сен кимсиң. Мен бул сүрөттү тарткан кызды издеп жүрөм", - дегенде Мээрим: "Ал менмин да", - десе ал ары карап: "Жо-ок, ал сен эмессиң, мен сени тааныбайм", - деп сүрөттү карап отуруп алды эле Мээрим ага канчалык: "Мен Мээриммин", - десе дагы укпай жатып ойгонуп кетсе жүрөгү элеп-желеп болуп лакылдап калыптыр, чочуп тура калды: "Ал соо эмес, ооруп калса керек", - деп ойлонуп туруп караса Алишер креслодо уктап жатыптыр. Сыртка чыгып суу ичип кайра келсе ал көзүн ачып:

- Төшөккө жатпайсыңбы? - деди.

- Сенчи?

- Мен сени ойгонсуң дедим.

- Жата бербейт белең, - деп өзү жатып алды. Алишер андан кийин сүйлөбөдү: "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө деп туура айткан экен, окуусун окуй берсин, балким ошондон ары бирөөнүн сүйүп кетээр же ойлонуп мени сүйүп калаар, өз эркине коеюн", - деп ойлонуп кайра креслого жатып алды. Ошондон көп өтпөй Мээримди шаарга жөнөтүп өзү кала берди, ал муздай болуп сузданган бойдон кете берди, Алишердин да жүрөгү муздап башка кыз менен жүрүп алды, ал бухгалтер болчу, иштери бирге, бара-бара экөө бири-бирин сүйүп калып ата-энесине кеңешмек болду, бул кезде арадан эки жыл өтүп кеткен, Мээрим ата-энесине келет да Алишерге кайрылып келбеди, өзү да басып барган жок, экөөнүн тең ата-энелери өкүнүп калышты.

- Ата, мен үйлөнөм, - деди Алишер.

- Эмне? - Бекмурат уулун ормое карап калды, - Мээримчи?

- Ата, эми ал үйгө келбейт.

- Уруштуңар беле?

- Жок, ал мени сүйбөдү, - Башын жерге салды.

- Башында неге айтпадың?

- Силерди капа кылгым келбеди.

- Бул кызың кимдин кызы?

- Өзү мени менен иштейт, ата-энеси бар...

- Өзүң бил, бирок шаарга барып Мээримге бир жолугуп кел, мен Баатырбекке айтайын, ортодогу достук мамилени экөөңөр бекемдейт экен десе...

- Менде эмне күнөө?

- Болуптур бар, - Бекмурат андан аркысын уккусу келбеди, Алишер Айтурганга үйлөндү, экөө ынтымактуу, жумуштарына бирге барып бирге келишет, аны угуп Мээрим кубанып алды, акыры окуусун дагы бүттү, убакыт зымырап өтүп аны Чым- Коргонго жөнөттү, дипломун жазууга дал ошондой ооруларды изилдеген эмгек жазган эле, аерге барып иштеп калды, бирок ал азыр аны тааныбайт эле. Историяларын көрүп таанышып көрүп байкаган деле жок, анткени ал Токондун атын толук билчү эмес, Кубатбеков Токтобай дегенди жөн гана окуп койду. Ошол күнү Аида келген, ал ата-энесине болбой баса берип Токонго бир сыйра кийим-кече, тамак ашын көтөрүп келген эле. Коридордон Токонду колтуктап сыртка алып чыгып бара жатканын көрүп: "Күйөөсүбү, же ини агасы болду бекен", - деп ойлоп койгон. Арадан эки-үч күн өткөндө оорулууларды текшерип, ар бири менен жакындан таанышып кандай абалда экенин көрүп жүрүп Токондун палатасына кирди. Ал колундагы кагазды ката күлүп койду.

- Атыңыз ким?

- Менби, мен билбейм, - деп ары карап кетти.

- Атаңызды билесизби?

- Ой койчу, бар-бар кет, - деп колун шилтеп койду, - Мээрим унчукпай туруп башкаларын көрдү, алар андан дагы жаман эле, кайра Токонду бир карап алып: "Мунун эмнеден минтип калганын билүүм керек", - деп ойлонуп кабинетке келсе Урматбек Сариев бар экен.

- Жанагы Токтобай деген оорулуунун толук диагнозу кандай, аварияданбы же жыгылганбы? - деди кызыга.

- Бирөөлөр урган го, мээден операция да болгон экен.

- Кыйын болуптур, өзүн билбейт тура.

- Кээде кадимкидей эле болуп калат, оору да, - деп койду Урматбек.

- Томографиясы барбы?

- Анысы келбептир.

- Эмнеге, кайдыгерлик го, бул жака которуп жатканда баарын бериш керек эле.

- Азыр сен ошентип жатасың, бир аз жылдан кийин ишиң дагы болбой калат, - Урматбек күлүп койду.

- Менин диссертациям дал ушундай оорулар боюнча, - деди Мээрим ойлуу, анан аны кайрадан томографиялык аппаратка түшүрмөк болду, эртеси келген Аиданы көрүп атайын жолукту.

- Сиз Кубатбековдун эмнеси болосуз?

- Аялымын.

- Ал операциядан чыккандан кийин кандай эле?

- Аны жакшы билбейм, биз кийин үйлөндүк.

- Сиз тийгенде кандай эле?

- Бир топ эле жакшы болчу.

- Кантип, качан кайра ооруп калды?

- Жакшы билбейм, - Аида сүрөт жөнүндө айтсамбы, айтпасамбы деп ойлонуп туруп калганда Мээрим кайра сурады.

- Мунун баары жолдошуңуздун сакайышына өбөлгө болот деп ойлойм, балким бирөө капа кылгандыр, катуу сөз айткандыр, мээге таасири тийген нерсе болсо керек?

- Кайдан, эч ким эчтеке дебейт болгону...

- Айта бериңиз, баарын билишим керек.

- Жанында бир сүрөт бар, ошону карап эле өзүнчө ойлонуп мени урушуп ушул болду.

- Кандай сүрөт, көрсө болобу? - деди Мээрим, бирок ал ушул саатта бала күнүнөн бери көргүсү келип жүргөн жакын адамынын оорукчан экенине жүрөгү сыздап бир аздан кийин эмне кылаарын билбей аргасы кетээрин сезбеди.

- Ал аны эч кимге бербейт.

- Жаман экен, мен сүйлөшүп көрөйүнчү, - деп палатаны көздөй бара жатты, экөө ээрчишип киргенде Токон аны бир карап алып кайра бурулуп кетти.

- Токон, бул кыз врач, сени менен сүйлөшөм дейт, - деди Аида, Мээрим Токон дегенди укканда: "Токон, Токон, балким башкадыр, кайсы айыл экенин дагы жакшы билбей калдым", - деп көздөрү алаңдай Токонду теше тиктеп туруп калды: "Көздөрүнөн тааный аламбы, балким жүзүндө окшоштук бардыр, ай кудайым ай эсимде эч нерсеси калбаптыр, болгону аты гана, аты гана, аты гана", - деп ойлонуп жатып сыртына чыгара айтып алганын сезбей калды:

- Аты гана эсимде кетпеди.

- Эмне дедиңиз? - Аида ага таңгала карады.

- Аа-а, - деген Мээрим өзүнө токтото керебетке келип отурду, - Кел ойнойбуз, - деп экөө ойноп жүргөндөгүдөй алакандарын тосту, - Кана кел ойнойбуз.

- Ойнойбуз, - деди Токон ага күлө карап, экөө алакандарын чапкылашып ойноп жатканда Аида күлүп карап турду, - Токон, мен тарткан сүрөттү берчи, - деди Мээрим күтүлбөстөн эле.

- Сен аны мага бергенсиң, - деп Токон чөнтөгүнөн бүктөмдөрүнөн айрылып түшкөнү калган сүрөттү алып чыкты, - Сен меникин бер.

- Мен унутуп калыпмын, эртең алып келем.

- Болбойт, сен Мээрим эмессиң, - деп Токон сүрөттү кайра салып алды, Аида ичинен таңгалып: "Балким ошол Мээрим чын эле ушул болуп жүрбөсүн, мен тарткан сүрөт деди го, эми эмне болот, бекен келген экенмин, же үй-бүлөөсү бардыр, оорулууга врачтар ушундай мамиле кылып айыктырат да", - деп ойлонуп турганда Токон керебетке жатып алды, бутун бүрүштүрүп бетин жаап алган, - Жо-ок, ал Мээримди өзүм табамын, анан үйлөнөбүз, мен аны табам, - деп сүйлөп жатканда Мээрим жаман абалда ордунан турду да палатадан чыгып кетти: "Ооба, бул ошол экен, неге мындай акыбалга келди, алигиче мени унута элек экен, аялы да бар тура, мейли, өзүмдү билгизбей бар күчүмдү салып айыктыруум керек", - деп кабинетине келип сумкасынан эскирген пеналды алып кармалап ойго батты, бир жолу өзү ушул калем салгычты унутуп үйгө калтырып койгон экен Гүлнара мусурга салып коюптур, келип эле китептер турчу текчени, үстөл үстүн, тумбочкаларын карап таппай анан апасына карады:

- Апа, калем салгыч кайда?

- Ботом, эми анын эмне кереги бар сага?

- Керек апа керек, кайда таштадыңар?

- Таштандыга кошуп койдум.

- Эмне? - Мээрим жүгүрүп чыгып эле мүшөктөргө салынган таштандыны төгүп ичинен таап алып жууп кургатып туруп сумкасына салып алган эле, ошондон бери ал сумкасынын бир бурчунда: "Муну көрсө сөзсүз эсине келет, сакаят Токон, өкүнүчтүү ал эми башканыкы, ошентсе дагы бир адамды сактап калышым керек", - деп калем салгычты кармалап отурганда Аида кирди.

- Келиңиз.

- Ал мени жолотпой жатат, тамагын ичпей койду.

- Күндө ошентеби?

- Ооба, - Аиды уялып кетти, мен кечээ эле келдим, негизи кайненем карачу.

- Жүрү, барып көрөлү, - Экөө ээрчише палатага келди, Мээрим атайын эле калем салгычты ала келген, - Токон муну карачы, - деди ал.

- Аа-а, келе меники! - Токон кубанычтуу тура калды.

- Сен сүрөттү бер.

- Сагабы? - Токон аны тигиле бир топко карап турду.

- Ооба, мага бер, ал сүрөттү мен тартканмын го?

- Макул, келе мен көрөйүн, - деп колун сунду. Мээрим калем салгычты берди, аны айландыра карап көрүп артында: "Токондон Мээримге эстелик", - деген жазууну окуп алып секирип кирди:

- Тапты-ым, таптым Мээримди!

- Ооба, мен Мээриммин, кел Токон тамак ичебиз, - дегенде жанындагылар аларга кол чаап киришти, - Кел ичесиңби?

- Ооба, кардым ачты, - деген Токон отуруп алып тарелкадан тамакты шашыла ичип жатты, Аида ындыны өчө сыртка чыгып отургучка отуруп ыйлап алып анан кайнатасыныкына жөнөдү. Аны көрүп Анара чоочуп кетти.

- Кел Аида, кайдан келе жатасың?

- Токонго бардым.

- Качан бардың эле, кудагый эмне деди?

- Аларга айтпай кетип калгам, - Аида чарчагандай улутунуп алды.

- Кандай экен, жылыш барбы?

- Баягыдай эле.

- Кагылайыным ай, чырактай гана балам ушинтип өмүр бою кала береби кокуй, - деп ыйламсырап калганда:

- Апа, Мээрим табылды, - деди Аида.

- Кайсы Мээрим? - Анара түшүнбөй карады.

- Токон алып жүргөн сүрөттү тарткан кызчы?

- Ал кайдан жүрүптүр?

- Врач экен, ошондой оорулуулар жөнүндө илим жактайт экен.

- Ии-ий, атасы кызматчы болсо окуйт да, тааныдыбы анан?

- Экөө сүйлөшүп калышты, - Аида дагы улутунуп ийди, - Эми кетсем болот го, сакайта турган адам табылды апа.

- Ал эмнең ботом, жакшы болуп кетсе сенин бактың эмеспи, кой эртең экөөбүз тең баралы, кудайдан болуп сакайып кетсе сенин дагы биздин да бактыбыз да айланайын, кой Кубатбекти козу таап кел дейин, союп алып баралы, - Анара калдастап калды, - Тамак ичиши кандай экен?

- Мээрим ичирди...

- Ой кокуй күн оо-ой, Мээрим- Мээрим дебей күйөөңдү өзүң карабайт белең, сакайып бара жатканда жанында болсоң ал баарын эстейт да.

- Билбейм апа, Мээримди көргөндөн кийин дитим барбай калды.

- Баса ал күйөөгө тийиптирби?

- Билбейм.

- Сураштырып көрбөйт белең?

- Экөө бала кезиндегидей баштаса эле унчуга албай калдым.

- Эмне дейт? - Анара Аиданы элээ карады.

- Ал менден сурап барып эле мен тарткан сүрөт кана деди, Токон болсо меники кана, сен Мээрим эмессиң деп болбой койду, - Аида болгон көргөнүн айтып жатты, - Анан экөө алакандарын чаап ойноду...

- Капыра-ай де, кантсе дагы догдур да ээ, анын ою менен ойногонун кара.

- Ой экөө ошентип ойношчу тура мурда.

- Ким билсин, таптакыр бөлүнчү эмес, - Анара бир нерсени эстей калып жылмайып алды, - Бир жолу азандан Гүлнара көтөрүп келиптир, Мээрим ыйлап алган, эмне болду десем, Токондукуна барам деп болбой туруп алды дейт, анда төрт жашта болчу, Токондон эки жаш кичүү, ал дагы үйгө кирбей Мээримдин үйүн карап ойнобой отура берчү, таңгалчубуз биз, тамакты дагы бири-бирисиз иччү эмес, айласы жок ата-энеси тамагын куюп Мээримди кошо алып келип таштап кетчү, - Күлүп калды, ал качанкы бир окуяларды эстей берди, аны карап турган Аиданын жүрөгү ооруп чыкты: "Демек алар кайра кошулушаар, табышып калды го, ал дагы анын бергенин жоготпоптур, демек унуткан эмес, балким тагдыр аларды ушундай жол менен бириктирээр, Токон мени сүйгөн эмес жүрөгүмдө бирөө бар дечү эмес беле, калп эле өзүмдү-өзүм алдаганча кетип калайын", - деген ойдо болуп турду.

- Кел балам, - деп Кубат кирди ошол маалда.

- Келдим ата, - Кымырына карады.

- Кудагыйлар жакшы жатышабы балам?

- Жакшы жатат...

- Аида Токонго барып келиптир, - деди Анара.

- Кандай анан, жылыш барбы балам? - Кубат келинин көңүл бура карады.

- Жакшы эле го.

- Кудай дейли, жакшы болуп кетээр, бирөөгө жамандыгыбыз жок.

- Сен отурба, бир козу таап келип сой, эртең мен Токонго барайын.

- Мейли кемпир, күздө беребиз дейинби?

- Ооба, күздө мал келгенде беребиз де, - Кубат кайра туруп жөнөдү, ал кеткен соң Аида камыр жууруду, боорсок жасап, эт бышырып кеч жатышты, Аида ата-энесиникине барбай өздөрү жатчу бөлмөгө кирип жатып алды. Анара ал кеткенден кийин: "Кубат, Баатырбектин кызы врач экен дейт, ошондой жин оорулары жөнүндө илим жактап жаткан имиш, Токонду Мээрим карап жатыптыр, - деди акырын.

- Ким айтты?

- Аида айтып келди.

- Ошол сакайта алаар бекен?

- Буйруса жакшы болуп кетет.

- Ошондой эле болсо болду...

- Эртең жолго чыгабыз, өз көзүм менен көрүп дайындап келейин, - Анара өзүнчө эле кудуңдай ойлонуп жатты, эртеси эрте туруп Аида экөө жолго чыкты, Токондон кийинки баласы Ботобек аларды таксиге салып койду, ал мектепти бүтүп калган, Сатыбеги онунчу класста, кызы жок үч уулу бар. Кечке маал зорго Чым-Коргонго жетишти, ошол күнү кезекте башка врач эле, алар эптеп эле Токондун жанына киришти, анан аларды ашканага чыгарды, Токон негедир Аиданы дагы эле карагысы келбеди, мурдагыдан бир аз дурус болуп калыптыр, алып барган эттен жеп чай ичип отурду:

- Токон, жакшы болуп калдыңбы балам? - деди Анара аста.

- Апа, мен оору эмесмин го? - деди ал.

- Ошентсе деле...

- Токон, Мээримди таптыңбы? - деди Аида ага кызыга.

- Ал кетти, эртең келет, - деп мулуңдай күлүп койду.

- Ал ким эле балам? - Анара сынай сурады.

- Мээримчи апа, унутуп калдыңбы, ал келди, эми мен ага үйлөнөм, - дегенде Аида менен Анара тиктеше калды, - Мен ага мага тиесиңби дедим.

- Уулум, сенин аялың бар да, Аидачы? - деди Анара.

- Аидабы, мен аны алган эмесмин апа, Мээримди гана алам, - дегенде Аида чыгып кетип ыйлап жатты, Анара эмне дээрин билбей туруп калды. Ал же Аиданын артынан барып сооротоорун, же Токонду жалгыз калтыра албай турду.

- Уулум, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Апа, мен жакшымын, Мээримге үйлөнсөм эле болду, - деди апасын күлө карап, Анара анын кандайына түшүнө албай турду, - Качан үйгө алып кетебиз? - деди анан.

- Токон, Мээримдин күйөөсү бар болсо кантебиз балам?

- Жок, анын күйөөсү жок, - деп Токон ылдый карап отуруп кабагын салды, - Мага айтат эле да, менин күтүп жүргөнүмдү билди.

- Мейли садагаң, - Анара шуу үшкүрүп алды.

- Апа, мен жакшы элемин, мени жинди деп ойлоп жатасыңарбы? - деди Токон көптөн кийин, - Мен эми атам экөөңөрдү багамын, Мээрим айылга врач болуп иштейт.

- Мейли-мейли, Аиданы кантебиз анан?

- Ал кетет апа, мен ага үйлөнбөйм.

- Мейли, - Анара унчукпай калды: "Дагы эле өзүнө келе элек, Мээрим көрүп туруп эле буга кайдан тийсин аттиң, көрүнбөй койсо болмок экен, эми аны көрбөй калса кайрадан ооруп сакайышы кыйын го, мунун мээсине зыян өтө катуу тийген экен да кудай жазаңарды бергилер ай, чырактай баламды жиндиге айлантты", - деп ойлонуп мелтиреп отуруп калды.

- Апа, эртең Мээримге учурашасыңбы? - деди Токон ага тигиле карап, ушул ирээт анын көздөрү кадимкисиндей жалжылдай, жүзү албырып өзүнчө энеге башкача бактылуудай көрүндү, - Аиданы кете бер де апа, мен аны менен жашагым келбейт, - деди акырын, - Ал кете берсин апа, анан мага таза кийим алып келип бергилечи, үстүмдү көрүп уялдым.

- Эмне дейсиң, садагам менин каралды-ым! - Анара аны кучактап ыйлап жатты, ал канчадан бери үстүндөгү кийими жөнүндө ойлончу да эмес, которуп койсо жүрө берчү, - Акыл эсиңден айланайыным, эртең базардан эле алып келем балам, Ботобек бизди багып жатат, ал айылда там салып иштеп акчаны жакшы таап калды балам, Сатыбек болсо он бирди бүтөт, инилериң сени көрүп кубанышат го, атаң байкушчу... - Анара ыйлап да сүйлөп да жатты.

- Апа, - деди анан Токон, - Мен жакшы элемин, үйгө барсам мен дагы иштейм.

- Садагаң кетейиним, - Анар уулун кучактап солкулдап ыйлай берди, Аида аларды сырткы босогодон угуп турду: "Бул жинди эмес турбайбы, менде мурун эле көңүлү жок экенин билгем, эмнеге балдардын тилин алдым экен, өзүм сүйгөн адам деп аядым да, мындай болоорун кайдан билдим, сакайып кеткени жакшы болду, эмнеси болсо дагы адам катарына кошулсун, менин аны сүйгөнүмдүн эсесине сакайып кетсе болду", - деп ойлонуп ал бир бош бөлмөгө кирип жатып алды, оюнда аларга көрүнбөй эле шаарга кетип калмак болду. Бирок аны Анара издеп келип таап алды.

- Апа, мени издедиңизби? - деп тура калды Аида.

- Ооба, заматта кайда кетип калдың ботом?

- Апа, мен эртең кете берейинчи.

- Жо-ок, али эрте балам, жөн эле өзүңдү андан алыстата бербе да.

- Эмне кылам анан, эки жылдан бери келе жатам го?

- Саргара жортсоң кызара бөртөсүң деген, эми жемиши оозуңа түшөөрдө туруп кеткениң болбойт, - Анара анын жанына отурду, - Токон уктап калды, мен сени издеп чыктым, оорулуулар аз экен ээ?

- Ой апа, биякта дурусураактары жатат экен, өтөө жамандары тигил жагында, - деди Аида, - Бул жакта акырындык менен сакайып кетет деген үмүт барларын кармашат.

- Ии-ий кокуй, кайдан билейин.

- Апа, Токон өзүнө келип калыптырбы? - Аида кайненесин карады.

- Ошондойбу дейм, бир ишеним бир ишенбей турам балам, кудай буйруса көрөбүз го, сен эртең бир жагына отуруп жакындап чай-пай куюп бере коюп турсаң.

- Ошондо эле мени жакшы көрө калабы апа?

- Шашпа, ал дагы калыстайт, ойлонот да балам, адегенде өзүнө келип алсынчы, - деп Анара келинин көндүрүп жатты, анткени аны аячу, ушунча жыл үн дебей кагуу жесе дагы чыдаганына, кызмат кылып аракет кылганына, сакайып кетет деп үмүтү үзүлбөй күткөнүнө ыраазы болчу, кандай адам адамдын ак мээнетин унутсун.

- Апа, ал Мээрим дей берсе мен чыдай албайм да, ал дагы ага мурункуларын эстетип жатпайбы, - деди ыйламсырай.

- Ботом ал догдур, оорулууну айыктырыш керек да, балким ошентип аны эсине келтирээр, анна дагы докторлугун жактайт экен дедиң го?

- Ооба.

- Ошонун баарын изилдейт да капырай, - деп Анара келинин жоошутуп түнү бою экөө сүйлөшүп чыгышты, таңга маал отурган жеринде уктап кетишти. Бир кезде кобур-собурдан ойгонуп көзүн ачып Анара турду да Токондун палатасына келсе ал ойгоно элек экен, врачтар келип аркы терки кирип чыгып жатышыптыр, алар чогулуп бир кабинетке кирип кетишкенде Анара Аиданы ойготуп экөө жуунуп келип күтүп калышты. Бир кезде тапырай врачтар чыгып келе жатканда Аида:

- Апа, Мээримди тааныйсызбы? - деди шыбырай.

- Кайдан, анда бомпойгон кичинекей эле кыз болчу да.

- Тигил жакты караңыз, тиги ортодогу узун бойлуусу.

- Кайсы-кайсы?

- Тигине, эми бөлүндү, тиги узун бойлуусу, кабинетине кирди, сиз барыңыз эми.

- Тигилерди алып алайынбы?

- Ооба, мен көтөрүп кирем, - Экөө туруп козунун эти менен баштыктагы кымызын, сары майын алып кабинетке киришти.

- Жакшысыңбы кызым?

- Жакшы-жакшы келиңиздер.

- Мен Токтобайдын апасымын кызым, кечээ кеч келип калдык, акыбалы кандай кызым?

- Аа-а кандайсыз? - Мээрим бажырая күлүп ордунан туруп келди, - Жакшы жүрөсүздөрбү, демдүүсүзбү? - Колун берип, - Мен Баатырбектин кызымын, Мээримди унуткан жоксузбу? - деди күлүп.

- Ии-ий садага, тим эле керилген кыз болгон турбайсыңбы, - Анара Мээримди эки бетинен өөп, - Атаң менен апаң жакшы жүрөбү? - деди.

- Жакшы жүрүшөт, өзүңүздөр кандайсыздар, Кубат аке жакшы жүрөбү?

- Кудайга шүгүр, - деп Анара муңая түштү, - Баары эле жакшы кызым, ушу Токонум ооруп калып эле азапты тартып жатабыз, ушунум сакайып кетсе арманым жок эле.

- Кайгырбаңыз, Токондун оорусу жок, - деп күлүмсүрөдү Мээрим, Анара менен Аида аны таңгала карап кайра бири-бирин карап туруп калышты.

- Кандайча кызым, оорусу жок дейсиңби?

- Ооба, мээни операция жасаганда анын эсинде бир жаман нерселер калып калган, мурда бир болуп өткөн окуядан, ошол эсине келе берип муну кыйнап жатат, эми ал кадимкисиндей болуп үйүңүзгө кетет.

- Оозуңа май айланайын.

- Болгону ошол өткөн нерсени эстетпегенге аракет кылуу керек.

- Ошондо кадимкидей болуп калабы? - деди Аида.

- Албетте, бир топ учурга чейин ошол болгон окуяны эстетпеш керек, ошондо гана ал баарына көнүп өзүнө келип калат, мээ жакшы орун ала электе эстеп калып ошол бойдон өзүнө келе албай калган, өтө этият мамиле кылуу керек.

- Этият кылбай анан, мындан кийинки эки иниси деле бойго жетти кызым, алар эчтеке дебейт деле, ызы-чуу болгудай жаш балабыз жок.

- Жүрүңүздөр анда, Токондун палатасына баралы, - Мээрим аларды ээрчитип палатага киргенде Токон туруп кийинип жатыптыр, аларды көрүп ыңгайсыздана туруп калды, үчөөнү жал-жал карап:

- Апа, Мээримди тааныдыңбы? - деди.

- Ооба балам, тааныштык азыр эле.

- Көрсөңүз, бакыйган врач болуптур да, - деп күлүмсүрөп туруп Аиданы көрүп, - Аида, сен капа болбо, сени көрсөм жаман болуп кетем, - деди кабак бүркөп.

- Кой балам, ал сенин аялың да, - деди Анара Аида палатадан чыгып кетти:

- Токон, мунуң жарабайт, аялыңа антпе да, - деди Мээрим жылмая, - Ал сени жакшы боуп кетсе экен деп жаныңда жүрбөйбү.

- Мээрим, сен билбейсиң да, ал деле күнөөлүү эмес дечи, бирок ошонун айынан мен ушул абалга келдим, мен аны...

- Болду эми, кыжаалат болбо, сен сакайып кетесиң, минтип ачууланып өткөндү эсиңе сала берсең болбойт, баарын өткөн окуя деп унутууга тырыш, өзүңдү карма, - деди Мээрим токтоо, - Кана тилиңди бери кылчы, - Мээрим аны алаксытып оозун ачтырып, көздөрүн карап көрүп, тамырын кармап жатып сөзгө аралаштырды.

- Мен аны көрсөм эле Асылбекти көргөндөй болом, - деди Токон ойлуу.

- Ал ким эле? - Мээрим кызыга карады.

- Силердин үйүңөрдө жашаган, кийинки директордун баласы, - деп Анара жооп бере салды, - Ошол уруп кетпедиби.

- Жазасын алдыбы?

- Кайдан, - Анара жер карады, алар берген акчаны операцияга жумшаганын эстеп өзүн күнөөлүү сезип кетти.

- Эмнеге, сотко берсеңер болмок.

- Анын тааныштары көп болсо, биз бир бечара элек да кызым.

- Акмактар, - деп Мээрим жинденип кабагын чытып ойлуу отуруп калганда Анара сыртка чыгып Аиданы таппай ар жак бери жакты карап жүрүп бир бактын түбүндө ыйлап отурганын көрүп басып барды:

- Аида, ыйлаба балам, жүрү.

- Апа, эми менин бул жерде калганымдан эч пайда жок, сизге жолугайын деп күтүп турдум, Токонду мен үчүн урганы анык, эмне болсо дагы жанында болоюн дедим эле, эми болбой калды, көзүнө көрүнбөй эле коеюн, мени кечириңиздер...

- Аида...

- Жок апа, мени угуңуз, мен бала кезден эле Токонду жакшы көрчүмүн, ал ошондо эле бул жеримде бирөө бар деп жүрөк тушун көрсөтүп койчу, ким десем айтчу эмес, неге мен ошондо эле өз жолум менен кетпедим, ошого өкүнөм, көп азапка салдым, - деди да ылдамдай басып кетип бара жатты:

- Аида, токто Аида! - деген Анаранын үнүн укпады, укса дагы кайрылуунун кажети жоктугун билдиби кете берди, - Чунак келин ай, мейли эми бактың ачылсын, Токон менен жашаганга ата-энең деле каршы болуп ортодо чайналдың, - деп күңгүрөнө сүйлөнүп кайра келди, Токондун дурус болуп калганын көрүп кубанып Мээримге тапшырып кетти, үйүнө абдан кубанып келип көргөн билгенин божурап айтып отурду, Токондун сакайып кете турганын угуп балдары, кубат дагы сүйүнүштү. Ошондон эки-үч ай өткөндө Токон апасы алып келип берген костюм шымын кийип жасанып алып оорукананын арт жагындагы бак ичинде турду, анын колунда гүлү бар, жүзүндө кубаныч, күзгү жалбырактар саргайып сампарлап жааган кар сымал анда-санда учуп түшүп айлана бариктердин алтын түсүнө оронгон кез. Бир кезде шырт-шурт эткен дабыш чыгып Токон карай койсо узун көйнөкчөн, ийинине чоң жоолукту жаап алган Мээрим келе жаткан экен, бир саамга апкаарый түштү, күндө көрүп сүйлөшүп жүрсө да азыр ага бир башкача көрүндү, анда ар дайым аппак халат менен чепчик кийип, көбүнчө оозун маска менен жаап алчу. Эми болсо ийининен ылдый түшкөн чачын жайып, кыпкызыл көйнөк менен аппак тор жоолукту ийинине жаап алып чачтары желге серпилип, көйнөгү делбиреп келе жатканы башкача эле, Токон өзүнө кармана аны көздөй умтулду:

- Мээрим, чын эле келдиңби? - Аста бетинен сүйдү.

- Келдим, күткөн жок белең?

- Күттүм, бирок ишенген эмесмин.

- Эмнеге?

- Мени тоготпойт го дегем.

- Токон, неге андай деп ойлойсуң?

- Билбейм, сен мени... - дегенде Мээрим анын оозун алаканы менен басып калды:

- Чү-үш, жүрү кеттик, - Экөө жетелешип жолго чыгып автобуска отуруп шаарды көздөй жөнөштү, бир топко чейин сүйлөшпөй бак аралап жүрүп тамактанышты, андан кийин эс алчу жерге келип балдардын ойгонун карап көпкө отурушту.

- Мээрим, мен айылга кетсем сен кетип калбайсыңбы? - деди көптөн кийин Токон.

- Кайда кетмек элем? - Мээрим ага күлүмсүрөй карап ийинине башын койду, - Токон, бизди балалыгыбыздан эле кудайым бири-бирибизге байлап койгон го?

- Жо-ок, курсактан десең.

- Ий ооба-ооба, - Мээрим күлүп калды.

- Балким чындап эле мурунку жашоодо биз бирге болгондурбуз.

- Чын эле.

- Жашоодо ошондой тагдырлар кездешет экен да, бирок биз азыр айтсак эч кимиси ишенбейт, жомок да дешет, сен менин эсимден эч кетпедиң Мээрим.

- Сен дагы кийинки күндөрдө жардам сурап эле түшүмдө жүрдүң, көрсө абалың бир топ болгон тура, мен баарын сездим, чындап эле биз мурда бирге болгондурбуз.

- Мен дагы ошентип ойлойм.

- Сен эми эс ал Мээрим, эртең жумушуңа барасың, мен болсо уктап бара берем, - Токон күлүп койду.

- Тез эле келесиңби?

- Ооба, атамдарга айтып эле алып кетем.

- Күтөм, - Экөө кайрадан басып бара жатып Мээрим аны мейманканага киргизип коюп анан кетти...

Нуржамал кичинесинен эле апасы менен эки иниси, бир эжеси болуп жашачу, атасы башка аял алып кеткен, Бурул жоош момун аял, базарга чыгып төрт баласын багып жүрөт, улуусу Гүлжамал башы оор кыз, онунчу класста окуйт, Нуржамал жетинчи класс, иниси беш, андан кийинкиси үчүнчү класста окушат. Нуржамал мектепте окуп жүрүп эле балдар менен сүйлөшүп жүргөн, айылдагы чакан базарда майда барат саткан Бурул балдарын эч нерседен кем кылбай өстүргөнгө аракет кылат. Өзүнүн бир тууган агасы бар, ал деле эптеп оокатын кылдыратып балдарын багып жашап келе жатат, аялы Гүлжамал экөөнүн эң улуусу аскерге барып келген, үйлөнөйүн дейт ата-энесинин колунда жок, аргасыз балдарга кошулуп колоктоп бош жүрөт, кээде Өмүрбек иш таап келип баласын шерик кылып иштеп бир топ кызыл жабыр кылып тамак ашка кенелип калышат, калган балдары жаш, мектепте окушат. Нуржамалдын бир жигит менен сүйлөшүп турганын көргөн Акмат анын жанына келди:

- Нуржамал, бас үйгө.

- Эмне болду тага?

- Бас деп жатам.

- Азыр өзүм барам, - деп моюн бербей туруп алган Нуржамалды колунан алып жетелеп жөнөдү.

- Тууган, ал кызда эмне күнөө, мен жөн эле таанышымын, - деди жанындагысы Актанга.

- Жолуңду тап, - деп койду Актан, анан Нуржамалды зекиди, - Уяты жок десе, эжем силерди багам деп кандай кыйналып жүрөт, сен эмитен көрүнгөн менен жол-жолдо жүрөсүң.

- Турса болбойт бекен, - Нуржамал тартынып бошонууга аракет кылды эле аны Актан кое бербеди, - Кое бериңизчи тага, колум ооруп кетти.

- Жөн бас анда, мен сен үйгө алып барып эжеме айтып анан кетем.

- Жөн сүйлөшүп турсам деле уруша бересизби, ал жөн эле таанышым.

- Баары жөн тааныштан башталат, сен али жашсың, эмитен эркектер менен сүйлөшкөнгө болбойт, - Колун кое берди, - Атам укса сени өлтүрүп коет.

- Болуптур эми, эч ким менен сүйлөшпөйм, апама айтпай эле койчу тайке, - Нуржамал Актанга жалдырай карады.

- - Айтпайм, бирок мындан кийин көрмөк турсун укпайын, айыл кичинекей, баары алаканга салгандай билинип турат, эстүү болуп эжеме жакшы карагыла, - деди да Нуржамалды үйүнө жакын калганда калтырып кетип калды. Арген менен Нуржамал көптөн бери сүйлөшүп жүрүшкөн аны классташ кыздары дагы билишет, Гүлжамал андай эмес, сабагына барып келет да үй түйшүгүнө кирип кечке кыбырап жүрө берет. Балдар менен иши да жок, аны: "Лох", - деп коет кыздары. Анткени канчалык ага кат жазып, кыздардан айттырса дагы үн дебей же жок же бар дебей дудуктан бетер унчукпай жүрө берет. Сабакты абдан жакшы окуйт, мугалимдер аны жакшы көрөт, бир күнү Бурул базардан ары классташы келип алып чакырып калганынан кетип калган, кечинде ызылдап ышкырык чыкканда Гүлжамал:

- Сенин жигиттериңдин азабы өттү, үйгө чейин келе баштаптыр го? - деди кабагын чытып үңүрөйө, - Элге кеп кылмай болдуң, сенин айыңдан мен жаманатты болбосом болду.

- Койчу эже, эмнеге жаманатты болмок элең?

- Бурулдун кыздары деп апам дагы уятка калат.

- Антпейт, мен азыр кетирип жиберем, - деп Нуржамал чыгып кетти, Арген аны күтүп турган, - Эмнеге катуу ышкырасың, кошуналар эмне дейт?

- Сени укпай калабы дедим да.

- Арген кетип калчы, апам менен эжем билсе өлтүрөт.

- Бир аз сүйлөшүп турбайлыбы.

- Эмнени сүйлөшөбүз жана эле жолукпадык беле.

- Билбейм, сени көргүм келе берет, - Арген кызга жакындады, чынында кызды катуу сүйүп калган эле, Нуржамал көздөрү кара, көзү кара татынакай кыз, атасына окшоштурушат аны көбү, мурду кырдач келип кара көздөрүнө жарышып турат, Арген кызды аста колунан кармады, - Нуржамал, сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, бирок билинип калса апамдар уят болот, жаманатты кылгың келеби?

- Жок-жок, андай оюм жок.

- Анда эмесе күндө жолукпай эле коелучу.

- Болуптур, мындан кийин сени алыстан эле көз салып турам макулбу?

- Неге?

- Сени башкалардан кызганам.

- Чын элеби? - Нуржамал жүзү албыра карады, айдын жарыгында жигиттин өзүнө күлүмсүрөй тигилген көзүн көрдү.

- Ооба Нуржамал, эми эле алып кетип калгым келет, бирок болбойт.

- Каякка? - Кыз маңыроо суроо узатты.

- Үйгө, үлпүлдөтүп апам салган аппак жоолукту салынсаң мындан да сулуу болуп калмаксың.

- А сен үйлөнгөнү жатасыңбы?

- Жо-ок, - Арген мукактана түштү, - аскерден келдим, ата-энемди келиндүү кылуум керек, алар үйлөн деп жатышат.

- Эмне кылайын дейсиң анан?

- Сени күтөм.

- Дагы үч жыл бар да.

- Мындай кылбайлыбы Нуржамал, - Арген ойлонуп калды.

- Кандай болгондо дагы мен азыр жашмын да, - Нуржамал улутуна жигитине жөлөнө жер карады, эмелеги эжесинин айткандары эсинен чыгып эси-дарты Аргенде эле.

- Сен дагы бир жылда тогузду бүтөсүң туурабы?

- Ооба.

- Сен окууга барам деп күбөлүгүңдү ал.

- Кантип, окууга барганга шарт жок да.

- А сен ошентип күбөлүк ал, мен сени алып кетем.

- Эжем турбайбы, эл эмне дейт?

- Эчтеке дебейт, биз үйлөнүп эле шаарга кетип калабыз.

- Билбейм, ага чейин көрөбүз да, мен үйгө киришим керек, - Ошол убакта ары жактан Бурулдун келе жатканын Нуржамал көрүп калды, - Апам келе жатат, мен кеттим.

- Макул, жакшы жат Нуржамал.

- Жакшы бар, - Нуржамал жүгүрүп кирип кетти, Арген Бурул кирип кеткенче жашынып туруп анан жолуна түштү, үйгө кирген Нуржамал эжесинин сабак окуп жатканын көрүп ордуна жатмак болду.

- Сабагыңды окубайсыңбы, - деди Гүлжамал.

- Мен жана эле даярдап койгонмун, - деп калп айтып жатып алганда Бурул кирди:

- Укташтыбы балдар?

- Ооба, эми келдиңизби?

- Тойго бардым, келин алган деле кыйын экен, - Бурул үшкүрүнө отуруп калды, - Кел, тойдон устукан алып келдим, жеп калганын коюп кой.

- Эртең менен чогуу жейбиз апа, туура берсин.

- Мейли анда, мен дагы жатайын, - деп Бурул ордуна жатып алып бүгүнкү өзүнө көзү түшкөн Сагынбекти көз алдына келтирип алды, көрсө күйөөсү кеткенден бери эч ким менен болбой өзүнүн аял экенин дагы унутуп калгандай болуптур. Жылуу сөз, көз караштар анын сезимин ойготкондой болду, Сагынбек кырк бештердеги адам эле, аялы бир-эки жыл мурун оорудан каза болуп калган, бир кыз бир уулу чоңоюп калган, тойдо классташына жардам берип жүрсө Сагынбек дагы ошол жерде жүргөн экен, аны улам карап ары-бери басып жүрүп ыңгайы келгенде жанына келди:

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык.

- Сиз ким болосуз Айнагүлгө?

- Классташы, жакын курбусу дагы.

- Жакшы экен, мен Жусуптун досумун, атым Сагынбек, - деп колун сунду ал.

- Бурул.

- Сиз менен таанышканыма жолдошуңуз кызганбайбы? - Тамашалай күлө карады.

- Болсо кызганмактыр...

- Эмне болду эле?

- Чанып кеткен.

- Койчу тамашаңызды, сиздей аялды чанып кетсе...

- Ооба, эркекке баары бир тура, төрт балам менен таштап кеткен.

- Кызык, бирөөгө кечээрге кечүү табылбаса, бирөө ичээрге суу таппаганы го?

- Балким ошондойдур, балким мен аны кармай албагандырмын.

- Бурул, тааныш болуп жүрөлү ээ?

- жарайт, - Бурул ары карай басты, ага Сагынбектин көз карашы тынчтык бербей улам ал теше караган сайын жүрөгү лакылдап: "Мен жинди болдумбу, кыздарым өзүмдөй болуп калганда, эркекке эмне, эки кадам чыкса аялдарга көз салып тийише берсе жарашат, мени көргөндөр кеп кылбасын", - деген ойдо басып кеткен эле, аңгыча кудалары келип бака-шака болуп калды, аларды коноктошуп жөнөткөндөн кийин Бурул кетмек болду эле Сагынбек аны узатып чыкты.

- Бурул, жолугушуп турбайлыбы?

- Болбойт, балдарым бар, кыздарым бой жетип калганда уят.

- Эмнеси уят, али күлгүндөй курагыңыз экен.

- Сиз мени эрмектегиңиз келип жатабы? - Бурул ага ызалуу карады.

- Жок албетте, - Сагынбек тайсалдай үн катты, - Эмне деп айтышты дагы билбей турам, - Күлүп калды, - Чынын айтсам мен да аргасыз бойдокмун, эки жыл мурун аялым оорудан каза болуп калган.

- Кечирип коюңуз.

- Эчтеке эмес, жолугушуп сүйлөшүп турсак дедим эле...

- Болбойт го...

- Эмнеге, биз деле адамбыз го, эгерде түз эле мага тий десем эмне демексиз?

- Жок дегенден башка жообум жок.

- Чынында мага жагып калдыңыз.

- Рахмат.

- Эмне үчүн?

- Жеткирип койгонуңузга, - деп Бурул он чакта үй ары жактан эле токтоду, - Мен келип калдым.

- Бат эле жетип калдыңызбы?

- Узак деп ойлодуңуз беле?

- Сиз менен дүйнө кыдырганга даяр элем.

- Эркектер бир көргөн аялдарга ушундай мамиле кыласыздарбы?

- Жо-ок жок, мен сизди гана айтып жатам, - Күлгөн болду, - Башкача ойлобоңуз.

- Жарайт жакшы барыңыз, - деп Бурул ага карабай басып кетти, Сагынбек аны бир аз карап туруп артына кайрылды: "Мага ылайыктуу аял экен, балдары болсо эмне экен, чоңоюп өз-өзүнчө кетет, макул болсо баш кошуп алсам болот", - деп ойлонуп Айнурга сүйлөшмөк болду. Бурул жатып алып: "Эмне экен, отуз алтыга эми чыктым, жашымда эле эрден калмак белем, агам деле айтпады беле, балдар деп жүрө бербей күйөөгө чыгып ал деп, кыздар күйөөгө тийип, балдар үйлөнүп кетсе жалгыз калам", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси адаттагысындай эле кайрадан базарга жөнөдү. Нуржамал менен Гүлжамал сабакка кетип Жумабек менен Кумарбеги өзү менен болот, түштө ошол жерден тамактанып алып алар дагы окууга кетишет. Күндө ушул көрүнүш, түш ооп калган, анын маңдайына келип Сагынбек салам айтып калды.

- Саламатсызбы Бурул айым?

- Саламатчылык, жөн эле Бурулмун.

- Мага ошентип айткан жагып турат.

- Өзүңүзгө жакканын иштеңиз.

- Бир аз сүйлөшсөк болобу?

- Сүйлөшүп турабыз го.

- Элден алыс, далдоодо дегендей.

- Андай жер жок бул жерде, - Бурул эки жагындагыларды карап кысынып турганын билдиргендей болду.

- Айнурдукуна отуруп сүйлөшсөк кантет?

- Соодамды таштап кете албайм.

- Бир күнкү соодаңыз канча болот, мен бүт сатып алайын, - Сагынбек жакын келип кулагына шыбырады, - Сиз үчүн баарына даярмын.

- Бара албайм.

- Суранамын, - Экөө тартышып турганда Айнура келип калды, Бурул курбусун көрүп жаркылдай карады:

- Кел-кел Айнура, деги келет экенсиң да ээ?

- Сен үчүн келбегендечи, - Экөө өбүшө учурашты, Сагынбек ары басып кетти, - Товарыңды жый, үйгө конок болосуң, соодадан калам дебе, спонсор табабыз.

- Койчу ай, - Бурул каткыра күлүп товарын жыйып кирди, товары анчалык эле көп эмес эле, семичке менен курут, чылым, ошондон түшкөнүн ичип жеп балдарынын мектебине төлөп көбөйтө албай келет, күндө товар алган акчасы калып калганы кетет.

- Бол эрте, жаңы келген келин аркы беркини билбейт да, бирөөлөр келип калбасын, - деп шаштырып алып жөнөдү, Сагынбек алардан мурун келип калыптыр.

- Оо келдиңерби? - Ал тозо чыкты.

- Келдик, мен барам десе озунуп кетипсиң да, бу чоң кызды чоочутуп.

- Шашып кеттим, көрбөй каламбы дебедимби, - Каткырып күлдү.

- Ушунчалык сүйүүгө кабылган экенсиң, - Айнура күлүп Бурулду карады.

- Койсоңчу, эми кайдагы сүйүү, - деп Бурул курбусун суз карады эле ал көзүн кысып күлүп койду, - Сагынбек сени сүйүп калыптыр.

- Айнур, тамашаңды кой, мен андайды жактырбасымды билесиң.

- Койдум-койдум, жүр эми үйгө, Жусуп дагы келип калат, - Айнура шакылдай дасторкон жайып жатты, - Жаш келинди үстүбүзгө киргизбей эле коелу ээ?

- Ооба, өзүбүзчө болгонубуз жакшы.

- Мен тамакты даярдап бер деп коеюн, - Айнура чыгып кетти.

- Бурул, капа болбодуңбу? - деди Сагынбек.

- Эмнеге капа болом?

- Алдыңа барып осол кылдым окшойт.

- Биринчи жолу эчтеке эмес.

- Такыр эркектер менен мамиле кылган эмессиңби?

- Актанайынбы же калп дейинби?

- Каалагандай жооп бер, бирок милдеттүү эмессиң.

- Жарайт, эркек аттууну жек көрөм.

- Кызык, күйөөң бир эркек болсо, башкалардын айбы кайсы?

- Баары бирдей..

- Мейли Бурул, көңүл калуу жаман нерсе дечи, - Айнура кирди эле Сагынбек ага кайрылды, - Мен аял издетип жатканда мындай курбуңду неге айтпадың Айнур?

- Курбума айтуу кыйын, бет маңдайлашып өзүңөр сүйлөшкөнүңөр жакшы эмеспи.

- Айнур, биз эмнени сүйлөшмөк элек? - Бурул ыңгайсыздана карады.

- Эми-и адамча сүйлөшсөк болоор, - деди Сагынбек.

- Болот дечи, - Кымырыла отуруп калды, анын эси дарты кечки балдарынын тамагы эле.

- Келгиле эми чайдан алып тургула, тамак бышканча, - деп Айнура чай сунду аларга, анан тамак менен шишеси кошо келди, аздан алып отуруп кеч болуп калганда Бурул шашылып калды.

- Айнур, мен кетпесем болбойт, балдарым таппай убара болушту го?

- Бир аз отур эми.

- Жо-ок кетишим керек, менин шартымды билесиң да.

- Макул анда, мындан ары мен чакырганда келбей койбо, - Айнур шаңкылдай күлүп аны узатып чыгып, - көптөн бери эле сенин товарыңа акча берейин деп бере албай жүрөм, бул үч миң сомду алып көбөйтүп ал, - деди, ал акчаны Сагынбек берген эле.

- Койчу Айнур, сен жаңы эле келин алдың, өзүңө керек болот.

- Ала берчи эми, бүгүн соода кыла албай калдың, - деп болбой сумкасына салып койду, коштошуп үйүнө кирээри менен Сагынбек пайда болду:

- Бирге басалы чоң кыз.

- Тамашаңызга баракелде, чоң кызды таапсыз.

- Аялдан ыйык, улук нерсе жок болсо керек.

- Алладан улук дегенге болбойт.

- Туура-туура, - Сагынбек карсылдай күлүп калды.

- Мүмкүн болсо өзүм кетүүгө уруксаат берерсиз, мен айыл элинин ушагына илингим келбейт, - деди Бурул токтой калып, - Кыздарым жигит жандаар кезде өзүм түндөп эркек менен көчөдө басканым өөн учурайт.

- Ма-акул Бурул, бул сөзүңө кошулам, бир гана суроом бар.

- Айтыңыз, угуп көрөйүн.

- Мүмкүн болсо үйлөнүп алсак кандай болот?

- Мен турмушка чыгуудан калдым го.

- Андай дебе Бурул, менин көзүмө кыз көрүнүп турасың, - Сагынбек тамашалай күлдү.

- Өтө эле тамашакөй экенсиз.

- Ырас айтам.

- Макул эми, ойлонуп көрөйүн.

- Кандай кылып жолугабыз?

- Сиз айтыңыз, - деди Бурул муюгандай.

- Эртең кечке маал Айнурдукунан күтөйүн.

- Келин балдары эмне дейт, Жусуп...

- Алар мендик.

- Кел дегенде келе коер жаш курагымдан өтүп калдым эле, - Бурул дагы шыңк эте күлүп калды, негедир ага Сагынбек жагып турган эле.

- Болуптур анда, кечке маал өзүм барам.

- Жакшы калыңыз, - Бурул басып жөнөдү, ал ушул учурда жүрөгү лакылдап, ылдамдай баскан сайын жүрөгү түрсүлдөп чыкты: "Эмне болуп жатам, менин бул жүрүшүм кыздарыма жагабы, балдарым жаш, аларды ойлобой күйөөгө тийип алсам эл эмне дейт, Гүлжамалым бойго жетип турат, анын артынан Нуржамал, анан Жумабегим менен Кумарбегим удаа өсүп келе жатса өгөй атага көз каранды кыламбы", - деп ойлонуп үйгө кирсе Гүлжамал эле сабак окуп отуруптур:

- Нуржамал уктап жатабы? - деди анан.

- Мм, - Гүлжамал көздөрүн ала кача мукактана түштү, - Жатты окшойт.

- Мейли, - деп коюп өзү балдары жаткан бөлмөгө кирди, алар эч нерседен капарсыз уктап жатыптыр, - Садагаларым десе, силерди кантип бирөөгө көз каранды кылам? - деп күңгүрөнө ордуна жатып калды, бул кезде Нуржамал Арген менен сүйлөшүп үйдүн артындагы алма түбүндө отурган болчу.

- Нуржамал, кандай чечтиң?

- Сен айткандай болсун.

- Алтыным, көзүмдүн кареги, - Арген кызды бооруна кысты, экөө бири-биринин жүрөк кагышын тыңшап турушту, - Нуржамал.

- Угуп жатам.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Ооба, сен деп гана жашагым келет.

- Ардагым менин, сени эртерээк эле кучагыма алсам болот эле.

- Ансыз деле кучагыңдамын, - Нуржамал эркелей карады.

- Жинди десе, - Арген аны бекем кысты, - Эч кимден жашырынбай ар дайым бирге болсок дейм, - Аста чачынан сылады, - Ошол күндөр тез эле келсе гана.

- Арген, бүгүн уктап турсак эле экөөбүз картайып калсакчы?

- Андай болбойт, - Арген кызды сүйөй экөө жерден көтөрүлдү - Бирок өмүр кыска алтыным, бат эле ушул бактылуу күндөрүңдүн кантип өткөнүн сезбей каласың, ошол үчүн аманат дүйнө деп коюшат да тентегим.

- Жо-ок, биз өкүнбөстөй жашайбыз ээ?

- Албетте, биз өкүнбөстөй жашоого далбастайбыз, бирок тагдыр жолу бизге кандай сюрприздери бар экенин билбейбиз жаркыным, баса мен Россияга кетип жатам, сен тогузду бүтөөрдө келип калам жарайбы?

- Ошончо алыс кетесиңби?

- Ооба, иштеп келем, агам чакырып жатат, эгерде үйлөнүп калсак экөөбүз тең кетебиз макулбу?

- Мен сени сагынам да.

- Мен дагы, сенсиз абдан зеригем, сенин жытыңдан толтура ала кетейин, - Күлө кыздын чачтарынан сылап жыттап алды.

- А мен сени сагынсам кантем?

- Таң эрте турганда мени эсиңе сал, мени менен сүйлөш, ошондо зерикпейсиң, учкан куштай сызып өткөн убакыт бизге дагы жетет, анан экөөбүз баш кошуп алабыз.

- Чынбы? - Нуржамал Аргендин жүзүнө тигиле карады, негедир анын жүрөгү бир нерсени сезгендей дүк-дүк этип жаагынан сылады, - Сен келгенче сагынбас болуп дидаарыңды көзүмө сиңирип алайынчы Арген.

- Мен келем булбулдар менен жазда.

Даракка конуп сайрап бутак, шакта.

Гүл көтөрүп куттуктайм экзамениң.

Күт жаным мен келем эрте жазда...

- Сен жазгансыңбы? - деди Нуржамал.

- Бул ырды жалгыз сен үчүн жаздым, сен менин бактымсың, эми кош жаным, мен үйгө барып даярданып эрте чыгам, - деди кыздын көкүлүнөн кумардуу искеп алып.

- Кетесиңби? - Кыздын көздөрүнө мончок жаштар толду.

- Ооба, сени дагы издеп калышпасын, мен үчүн сенин тил угушуңду каалабайм.

- Жакшы бар, мен сени күтөм.

- Келем жазда, булбулча сайрап мукам.

Келээр менен сени көздөй желдей сызам.

Мына бу көздөрүңдөн моокум кана.

Өпкүлөп кучагыма кысам, кысам! - деп кучактап саамга бөлүнгүсү келбей туруп анан шарт жөнөдү, - Кош алтыным, мени күт.

- Күтөм, кечикпей кел Арген! - Алар коштошушту, бирок алар келээрки жылы көрүшпөй калаарын сезишпеди, бири-биринен бөлүнө албай жатып араң бөлүндү, аттиң арзуунун касиетин кара, булар ошентип коштошушту...

Бул бир миң тогуз жүз токсон төртүнчү жылдын апрель айы болчу, Нуржамал ошондон кийин көп сүйлөбөй суз болуп кетти, сабакка дагы анчалык көңүлү чаппайт, Бурул аны каникулда өз ордуна коюп Сагынбек менен жолугушуп жүрдү, ал үйлөнөлү дегенге макул болбой жүрүп боюна болуп калды, анын билгенде аргасы кетип Сагынбекке айтаар айтпасын билбей санаага батып районго жөнөдү. Эптеп алдырып коймок болгон эле, ал аялдар дарыгерине кирип сүйлөшүп чыкты, абортко акчаны көп сурады, андай акчасы жок эле, жалдыраса да болбоду, кандай кылаарын билбей үйүнө кайтты. Нуржамал соода кылып жаткан жанына келип:

- Канча акча бар? - деди.

- Эки миң сом бар, товарыңыз аз да.

- Мейли, - деп отуруп калды, ошол күнү ал Сагынбекке жолукканга барбады, ал аны күтүп-күтүп анан Айнурга барды.

- Кел, кандай акыбал? - деди Айнура жаркылдай.

- Келдим, Айнура мен сени менен кеңешейин деп келдим.

- Жайчылык элеби?

- Ооба, мен Бурулду алып кетсем кантет?

- Болобу анан?

- Болот, эртең мен үйдү даярдап туугандардын баарын чакырайын дагы Жусупка машинаны айдатып алып кетейин, сен дагы кошо болосуң, тоого чыгып келебиз деп үйгө алып кетем, - деди Сагынбек, - Антпесе жүрө берет, өзү макул болоор күнү жок.

- Өзүң бил, - Айнура ойлонуп калды. Ошентип алар аны ала качмак болгондо Айнур, - Сагынбек, агасына барып эле колун сурабайсыңбы, - деди.

- Агасы ким?

- Өмүрбек акечи?

- Оо-ой атаңдын гөрү-ү, чын эле ошого барышым керек экен анда, - деп Сагынбек кубана ордунан турду, айткандай эле эртеси беш-алты киши болуп Өмүрбектин үйүнө барышты, алардын сөзүн угуп ал Бурулду чакыртты, Бурулдун балдары жаштыгынан эч сөз айта алган жок, эки кызы кыйын болду.

- Эмнеге күйөөгө тийет экен, биз чоңоюп деги калдык, кыйналыштан чыгабыз го? - деди Гүлжамал ыйламсырай.

- Анда бизди биротоло кыйып кете берсин, атам деле жашап жатпайбы бизсиз эле, - деп тыбыраңдады Нуржамал.

- Болду, - деди Өмүрбек, силер дагы бой жеттиңер, качанкыга куурап базарда жүрөт, унчукпай оокатыңарды кылгыла, эгерде Бурул күйөөгө тийсе чогуу кетесиңер, ошондой сүйлөштүк.

- Эмнеге, биз аякка барбайбыз, - деди Нуржамал.

- Үйдө эле калабыз, - Гүлжамал дагы ага кошулду, аларды Өмүрбек басты, акыры Бурулду Сагынбек алып кетти, кыздарын бир жумадан кийин көчүрүп алды, ошентип алар бардар үй-бүлөөгө барышты, ошол жылы Гүлжамал мектепти бүтөөрү менен Айдар ала качып алды, ага калыңды жакшы беришти, себин ойдогудай берип Бурулдун көөнү тынып калды, өзү дагы уул төрөп алды. Нуржамал күн санап Аргендин келишин күтүп экзаменге эки-үч күн калганда кайра-кайра бир түштү көрө берди, ал түшү көргөн сайын жүрөгүнүн үшүн алчу болду: "Аргенди күтүп кооз бакта жүрөт, Келемин булбулдай эрте жазда", - деген үнү жаңырып Нуржамал жүгүрүп бара жатса алдынан Арген чыгат, бүт денеси кан, жетип-жетпей колун сунуп жыгылаарда кармайын десе эле капкара булутка окшогон куюн Аргенди учуруп кетип өзү какыраган ээн талаада калып калганда ойгонуп кетет: "Эмнеге мындай түш кирет, деги келеби Арген, мына эртең акыркы коңгуроо", - деп ойлонуп отурганда Бурул кирди:

- Апа, бир түш айтайынбы?

- Эмне түш экен кызым.

- Мен бир түштү үч-төрт күндөн бери эле көрүп жатам.

- Кана айтып көрчү.

- Корком, - Нуржамал көргөн түшүн айтып берди, - Эмне болот апа?

- Ал баланы тааныйсыңбы? - деди Бурул кызын сынай карап.

- Тааныйм, Кайдулаттын баласы...

- Бечара... - деп койду Бурул.

- Айтчы апа, ал эмне болот? - Нуржамал тынчы кете сурады.

- Билбейм кызым, жакшы эмес го, - деп Бурул өз ишине киришти, Нуржамал ыйлап алды: "Арген, сен мага келем дегенсиң, сөзсүз келишиң керек, мен сенин апаң салган апакай жоолукту салынып колуктуң болгум келет, мен сени абдан сагындым", - деп үстөлдө отуруп уктап калды. Ошол учурда түшүнө Арген кирди, ал бир аппак кийинип алып алыстан гана карап турат, Нуржамал ага бармак болуп жүгүрдү эле ортосу жакын эле туруп жете албай күйүгүп бара жатып ойгонуп кетти. Кадимки жүгүргөндөй өпкөсү кургап жүрөгү лакылдап калыптыр. Туруп сыртка чыкмак болгондо Бурул аны чакырды, алар кечки тамагын ичип жатышкан. Суу ичип, бетин жууп кайра келди:

- Кызым окуу кандай? - деди Сагынбек аны карай.

- Жакшы, - деди суз.

- Экзаменге даярдык кандай кызым?

- Жакшы эле.

- Дурус экен, - деди Сагынбек.

- Апа, мен быйыл тогузду бүтүп окууга тапшырсам болобу?

- Кой, кайсы окууга бармак элең, ал үчүн көп акча керек кызым, - Бурул Нуржамалды кетиргиси келбегендей карады.

- Кайсы окууга баргың келет? - Сагынбек кызыга карады.

- Жибересизби? - Нуржамал кубанып кетти.

- Сен тандаган кесип мага жакса, - деп Сагынбек Бурулга карап күлүп койду.

- Күбөлүк менен кайсыга кабыл алат?

- Өзүң танда.

- Анда мен актриса болгум келет.

- Эмне? - Бурул көздөрүн алайта карап калды.

- Жарайт, сен актриса болууга жарайсың, - деп жылмайды Сагынбек, - Эмесе маселе чечилди.

- Койсоңчу Сагынбек, азыр жаш эмеспи, эмитен шаарга жибере албайм.

- Апа, мен тогузду эле бүтүп баргым келет, - деп Нуржамал туруп кетти, анын жүрөгү алып учуп эртеңки Арген менен жолугушчу кезди ойлонуп эрте эле таңдын атышын күтүп жаткысы келбей китептерин карганы менен башына эчтеке кирбеди. Аргендин үйүнө барып аппак жоолук салынып келгендерге жүгүнүп жатканы көз алдына келди, бирок ошол эле учурда жүрөгү шуу этип бир коркунуч менен жаман кабардын белгисин бергендей болду. "Эмне болуп жатам, балким бир жылдан бери көрбөгөнгө катуу кубангандыкы го", - деп ойлоп суу ичип келип анан төшөгүнө жатып алып да уйкусу келбей көптө барып уктап кетти. Эртеси кайра эрте турду, кийимдерин үтүктөп чачтарын артына түйүп жасана саат сегизде үйдөн чыкты: "Кечээ келген чыгаар, бүгүн эрте келет, кандай болуп калды экен, мени сагынгандыр", - деп жүзү албыра кетип жатты, ал бир аздан кийин эле ботодой боздоп мектептен кандай кеткенин билбей калаарын ойлогон жок. Окуучулардын баары гүлдөй жасанып кийимдин жакшысын кийип жүздөрү жарык, Нуржамал дагы алардын арасында, көздөрү алаңдай Арген көрүнө калабы деген үмүттө туш тарапты элеңдей карап турганда курбусу Акылай анын жанына келип туруп калды, ал экөөнүн мамилесин билчү, бирок үйлөнөбүз деп жүргөнүн айткан эмес.

- Нуржамал, жүрсөң биякка, - деди ал.

- Эмне болду?

- Бас, азыр айтам, - Акылай колдон алып ээн жерге барды.

- Эмне болду, эмнеге бул жерге алып келдиң?

- Нуржамал, Арген...

- Арген келдиби, чакырып кел дедиби ээ? - Нуржамалдын жүзү албыра көздөрү жайнап кетти, - Кана, өзү кайда жүрөт? - Акылай аны томсоро эки карысынан алып силкип жиберди:

- Кайдан, ал өлүптүр!

- Эмне, эмнеге өлөт, кантип өлөт, мени ошентип тамашалагысы келдиби, алдап мени сынаганы го ээ, Акылай айтчы ал өзү кана? - Нуржамал эки жакты карай берди.

- Нуржамал! - Акылай аны кучактап ыйлап ийди, - Ошондой болсо кана курбум, ал өлүптүр, эки-үч күн мурун агасы телеграмма бериптир, бүгүн сөөгүн алып келишет экен.

- Ка-алп! - Нуржамал Акылайды түртүп жиберип чымын куюн боло жүгүрүп кетип жатты, дүпүйгөн айылдын чок ортосундагы заңгырата салынган кирпич үйгө жетти, көздөрүнүн жашы талаа, үйгө жакындаганда эле заңкайта тигилген боз үйдү көрүп муундары калтырап туруп калды, бир кезде ары карай кетип жаткан келинди көрүп жетип барды, - Эже, эжекебай ушул чынбы, чынбы айтыңызчы! - Тигил келин аны таңгала карап туруп эмнени айтып жатканын түшүндүбү көздөрүндөгү жашты, кыздын азыркы абалын көрүп боору ооруй:

- Ооба, чын сиңдим, ал кимиң эле? - деди.

- Арген, Арген өлдүбү? - Нуржамал ал келинди жулкулдатып жатканын сезген жок, - Ошол чынбы эжеке?

- Ооба, бүгүн алып келет.

- Арге-ен! - деп барып жыгылып калаарда кармап калды, анын артынан күйүгө жетип келген Акылай коркуп кетип бир жагынан жөлөп:

- Эжеке, суу бериңизчи, - деди эле ал шашыла үйгө кире калып идишке суу алып чыгып бетине чачканда көзүн ачты, - Нуржамал, эл көрсө уят, жүрү кетели, эч ким көрө электе, - деди да таңгалып турган келинди карап, - Рахмат эже, кечирип коюңуз, сиз бара бериңиз деди да Нуржамалды колтуктап артын көздөй жөнөштү, Нуржамал нес болгондой келе берди, ал түшүн эстеди, көзүнүн жашы көл болуп акыл эсин жыя албай жатты. Мектепке жакындаганда:

- Акылай, сен бара бер, мен үйгө кетем, - деди Нуржамал.

- Мен жеткирип келейин, - Акылай ашыкча эчтеке дей албады, ал өзүнчө ага айтканына өкүнүп турду.

- Жок, өзүм кетем.

- Өзүңдү карма, бир жерге жыгылып калба.

- Жыгылбайм, - Нуржамал мелтирей карады, - Акылай, ал бүгүн мени куттуктамак да, Москвадан бир күн мурун келем деген...

- Айла жок.

- Эмнеге, эмнеге ал өлүп калат, эмне болуптур?

- Бирөөлөр өлтүрүп кетиптир.

- Ким? Эмнеге өлтүрөт, мен кантем? - Нуржамал буркурап жатты, - Ал мени таштабайм деген да, - Эзилип ыйлап жатты, Акылай эмне кылаарын билбей кошо ыйлап Нуржамалды кучактап турду, - Эмнеге, эмнеге өлдү-ү?

- Болду эми, эл көрсө эмне дейт? - Акылай аны тынчтандыра албай көпкө убараланды, анан Нуржамал жүзүн аарчып ага карады.

- Эми сен бара бер, мен үйгө барам, бул бойдон бара албайм.

- Апаңа эмне дейсиң?

- Көрүнбөй жатып алам.

- Өзүңө келип калдыңбы?

- Ооба, ишене бер Акылай, сага рахмат, мен бир аз жалгыз болуп өзүмдү ирээтке келтирип алып анан үйгө барам, - деди да Акылай жолго түшүп айылдын четин көздөй жөнөдү, Акылай аны бир топко карап туруп анан: "Өзүнүн үйүнө кетти окшойт, мейли жалгыздап өзүнө келип алсын", - деп ойлонуп мектепти көздөй басты. Нуржамал мелтейип эч ким менен иши жок, бул ааламда жалгыз ээн-талаа эрме чөлдө калгандай көргөн түштөрүн улам бирин көз алдына келтирип кете берди: "Неге мени таштап кеттиң, ушул бүгүн мени кубантып жанымда болом дебедиң беле минтип көз жашымды төгөм деп ойлодум беле мен, бактылуу гана кучагыңда турбайт белем Арген, сенсиз кантип басып жүрөм, сен менсиз караңгы жерде кантесиң, ооба мен сенин жаныңда болушум керек, шашпа мен барам сага, мени күтүп ал Арген", - деп жол бою ыйлап кете берди. Өздөрү чоңоюп, ата-энеси менен бактылуу күндөрдү өткөргөн үйгө барды ал, үй ээнсиреп калыптыр, керешкени ачып кирди, жымжырт болуп эшигинин алдына чөптөр өсүп калыптыр. Нуржамал үйдүн бек экенин көрүп ары эч кимге көрүнбөй турган жагына өтүп жерге шалак эте отурду да бетин басып ыйлай берди, үнүнүн бардыгынча бакырып жатты, бугу чыгаар эмес, анан саал өзүн токтото эки жагын карап алды да:

- Арген, Арген сен мени эмнеге таштап кеттиң, мен сени күтүп жатпадым беле? - деп солкулдап башын чалкалата асманга карады, ойкуп-кайкыган чабалекейлер чымын куюн учуп жүрүшөт, ошол канаттууларды көрүп эң бактылуу деп сезди, - Адам ушунчалык бактысыз болобу, биз дагы жаңыдан канат күүлөп турмуш жолуна аттаналы дебедик беле, канатын болсо акыркы ирээт кушка айланып барып аргенимди көрүп анан өзүмдү дагы өлтүрөөр элем, кантип көрөм, кантип барам?! - деп көздөрүн жумган бойдон солкулдап жатканда Акылай Аселди ээрчитип келип калды:

- Нуржамал турчу өйдө, өзүңдү кармачы, мынчалык кыйналбачы, - Кучактап алып ыйлап Асел экөө эки жагынан жөлөп өйдө тургузуп кийимдерин кагып тазалады, алар курбусунун көзүнө карай албай турду, түрүнөн чоочуп кетти:

- Акылай, ушул түрү менен кантип үйүнө алып барабыз? - деди Асел.

- Анан эмне кылабыз? - Эки кыз бири-бирин карап калды.

- Менин үйүмдө эжем анан иним эле бар, бүгүнчө меникинде болсун, эртеңге чейин өзүнө келип калат.

- Ата-энесине эмне деп айтабыз?

- Мен барып сурап келем, бүгүн биздикинде болот деп айтам.

- Давай ошентели, - деп Акылай Нуржамалды карады, ал нес болуп калган, эч ким менен дагы иши жок, эмне деп жатканы анын кулагына угулбады көзүн ачкан бойдон жата берди.

- Андан көрө докторго алып барбайлыбы? - деди Акылай.

- Макул анда, жүрү убакытты өткөрбөйлү.

- Жүр, - деп эки кыз аны колтуктап алып жөнөдү, айыл ичиндеги чакан ооруканага алып барышканда дароо эле текшерип көрүп укол салып жаткырышты. Таңга маал эсине келген Нуржамал ооруканада экенин дагы түшүнбөдү, туруп сыртка чыкты, эки жакты карап туруп чыгып кетти, шашыла жөнөп Кайдулаттын үйүнө жакындады, элдер али ойгоно элек, боз үй жак жымжырт, акырын боз үйгө кирип барып көшөгөнүн жанында уктап жаткандарга карабай бетине жапкан матаны ачып колдору менен сыйпап жүзүнөн өптү да кайра жаап коюп артына кайрылганда үйдөгүлөрдүн бири ойгонуп аппак кийинген чачы жайылган кызды көрүп көзүн чакчайткан бойдон тили күрмөлбөй кала берди. Нуржамал жай гана жол менен кетип жатты, айылдын четиндеги көрүстөндөрдүн биринин ичине кирип эки тизээсин кучактап отуруп алды, андан бери жакта эле жаңы казылган жай турат...

Нуржамалды ооруканага жеткиргенин угуп Бурул Сагынбек экөө кечинде келип кетишкен, таң атпай Гүлжамал менен дагы келсе врачтар анын кайда кеткенин таппай жатышыптыр:

- Кызыма эмне болду, кайда кетип калды? - деди Бурул.

- Биз билбейбиз, тынчтандыруучу укол гана сайылган, эсин жоготуп коюптур, уктап жаткан, эртең менен карасак жок.

- Ай кудай ай, ал кайда кетип калды, жакшынакай эле жүрүп эмнеге ооруп калды, деги аман болгой эле, бирдеме кылбайсыңарбы, издейсиңерби аны, оорукананын кийими менен каякка кетет, бул жерде кийимдери бүт турат, - Бурул тызылдап жатты, Гүлжамал аны кармап:

- Апа, тынчтанчы, табылып калаар, ага заматта эмне болуп кетти, милицияга баралыбы?

- Биз айттык, издешет алар, - деди врач Акылбек, алар ошентип ыйлап-сыктап ал жерден чыгышты, бул кезде түш ооп калган, Сагынбек мүрзөгө кетип жаткандарга кошулуп сөөк коюуга катышмак болду. Ошол учурда айылдын четиндеги көрүстөнгө өлүктү көтөрүп чубаган эл бара жаткан Аргенди туугандары коюп кайра кетишти, ошол кезде Нуржамал чыгып эки жакты карады да жаңы гана көмүлгөн дөбөгө үстөмөнүнөн жыгылды. Бакырып-өкүрүп топуракты мыкчый ыйлап жатты, айланага аны үнү жаңырып жатты, эл эбак көрүстөндөн узап кеткен. Бурул ыйлап-сыктап үйүнө отура албай кирип чыгып жатты, ошол убакта Акылай эки кыз менен келип калды, Гүлжамал менен сүйлөшүп:

- Ал Арген менен сүйлөшчү, анын өлгөнүн уккандан кийин эле эсин жоготуп койду аны мүрзөдөн издейли, биз баргандан корктук, - деди Акылай.

- Ооба, аны ошол жактан табабыз, кийимдерин алып алалы, - деди Асел. Гүлжамал ыйлап апасына айтпай алар менен жөнөдү, көрүстөнгө келип жаңы топуракты кучактап жаткан Нуржамалды табышты, анын бети-башы топурак, кийими кирдеп, чачтары саксайып эчтеке билбей жатыптыр, аны көтөрүп алышып үйгө алып келишти, ооруканага алып барган жок, молдолорго дем салдырып үч күндөн кийин көзүн ачты, бирок өйдө-төмөн сүйлөп жатты:

- Мени күтүп жатат, барышым керек, - деп туруп жөнөгөндө Бурул кармап калды:

- Кызым, турбай жатып эс алчы, - деп жүзүнөн өптү.

- Мени Арген куттуктаганы келет, кечигип калам, - деп билбей эле туруп сыртка жөнөдү, - Кечигип калдым го, мени таппай жаткандыр, азыр-азыр барам, - деп жүгүрүп жөнөгөндө Бурул ага жетпей Сагынбекти ага жөнөттү, ал алдап соолап алып келип жаткырып көпкө чейин карап отурушту, сүйлөй берди, кайрадан молдону чакырышты, ошол убакта Аргендин агасы анын үйүнө келди, ыйлап отурган Бурул аны таанычу эмес:

- Кел, сен кимсиң? - деди Сагынбек, - Ким керек эле?

- Нуржамал сиздердин кызыңыздарбы?

- Ооба, эмне болду?

- Иним... Аргендин катын берейин дедим эле.

- Каты, кандай кат? - Бурул Сагынбекти карады.

- Кандай кат? - деди Сагынбек.

- Иним Россияда ооруканада жатканда жазыптыр...

- Кел, келип отурчу, - деди уяла түшкөн Сагынбек, - Бурул чай-пай алып кел.

- Жо-жок...

- Иниң ооруду беле?

- Жок, бирөөлөр уруп кетип он күндөй жатты, ошондо жазган экен.

- Кызык, биздин кыз али жаш болсо, кайдан ага кат жазат?

- Мен анысын билбейм, өлөөрдөн бир күн мурун ушуну мага айтып берип коюшумду суранды эле...

- Аманат дечи, - Сагынбек Бурулду карады.

- Кызым ошол баланын айынан ооруп калды, - Бурул бышактап кирди, - Кат жазса жазгандыр, ал азыр аны окуй албайт, кызымдын тагдырын талкалап кетти.

- Кечиресиз, иним кызыңызды катуу сүйгөн экен, бир көрсөм болобу? - деди Арсен экөөнө карап:

- Болбойт, эми гана уктады.

- Суранам, иним сүйгөн кызды бир көрөйүн, - дегенде Сагынбек Бурулга башын ийкеп көргөз дегендей кылды эле Бурул башын ийкеди:

- Кирип көр... - деди, Арсен акырын Нуржамал жаткан бөлмөгө кирди, ал чалкасынын жаткан, чачтары саксайып, көзүн жумуп жаткан кызды көрүп чынында боору ооруп кетти, капкара каштары, төгүлгөн кирпиктери аны ого бетер сулуу кылып көрсөтүп турган, жүз аппак болуп өңү азгын эле, бир жуманын ичинде анын арыктап кеткенине эненин жүрөгү сайгылашып турган эле.

- Кечиресиз, аман болсо бактылуу болушмак, сакайып кетсин, - Арсен бурулуп кетээрде:

- Арген, Арген мени таштаба, - деди Нуржамал көзүн ачпай эле, - Мен сага барам. Кечикпей барам Арген, - дегенде Арсен шарт артына бурулуп кызды караса көзүн ачып калды, - Арген, Арген сен келдиңби?! - деп тура калып Арсенди кучактап калганда Бурул ыңгайсыздана:

- Кызым, ал Арген эмес, жат жата гой кызым, - деп Арсенден алыстатмак болду.

- Эмнеге алдайсыңар, аргенди менден эмнеге бөлөсүңөр? - деп Нуржамал андан ажырабай турду, чынында Арген менен Арсен экөө эгиз болчу, окшош дагы, кызды таштай албай:

- Нуржамал, мен кетпейм, кел жатып эс алчы, - деди Арсен аны түшүнө коюп.

- Эмнеге алдадың, мен сени кандай күттүм, эмнеге мага өлдү деп айтып алдадың? - деди Нуржамал Арсенге жалдырай карап.

- Кызым...

- Тим коюңузчу, - деп Арсен Бурулга кайрылды.

- Үмүтүн жандырып кереги эмне? - деген Бурул күңкүлдөп туруп калды.

- Нуржамал, мен кечигип келдим, мени кечир, мына эми жаныңдамын, - дегенде кыз аны кайра кучактап калды:

- Мени таштаба Арген, мен сенсиз өлүп калам.

- Эч жакка кетпейм, сени таштабайм, - деп эми эле баш жагына койгон катты акырын алды да чөнтөгүнө салып койду: "Биз бирге төрөлгөнбүз, бир адамбыз, атамдар көнсө сөзсүз Нуржамалга үйлөнүп алып Россияга алып кетип калам, убакыт өтсө түшүнөт", - деп ойлонуп турду Арсен.

- Балам, үмүтүн жандырбасаңчы, - деди Бурул акырын айтып, - Силер кетип каласыңар, кызымдын акыбалын ойлосоңор боло?

- Кабатыр болбоңуз, сакайганча мен жанында болом, - деди Арсен.

- Арген, сен кетпейсиңби? - деди Нуржамал, анын жүзү заматта албырып кубарган жүзүнө кызыл кирип албырып чыкты.

- Нуржамал, мен үйгө барайын ээ, эртең келем макулбу? - деди Арсен.

- Кетпечи Арген.

- Кантип, уят го Нуржамал, сен эми өзүңө кел, мен мындан кийин тез-тез келем ээ?

- Макул, - деп Нуржамал күлүмсүрөй карап калды.

- Жакшы кыз бол, мен эртең келгенде туруп күтүп алгын, - деп үйдөн чыкты, Бурул анын артынан чыкты:

- Туура эмес кылдың балам, акырындык менен баарына көнүп өзүн токтотуп калат эле, эми эртең келбей эле кой, эптеп бир шылтоо табабыз, - деди.

- Сиз капаланбаңыз, Нуржамалды мындай абалда кайдыгер калтыра албайм, - Арсен бери бурулуп башын кашылай, - Биз Арген экөөбүз эгиз балдарбыз, мени таенем багып алган экен, эки башка өстүк, бирок абдан ынак болчубуз, айла жок андан айрылып калдык, экөөбүз аябай окшошпуз, ошондуктан Нуржамал азыр мени Арген деп ойлоду, аны сакайткан соң мен кетем, - деди да Арсен жолуна түштү, Бурул эчтеке дей албай туруп калды: "Эгизбиз дейби, капырай бу кандай болуп кетти, эмнеси болсо дагы кызым аман-эсен сакайып кетсе болду", - деп ойлонуп катты эстей коюп үйгө кирсе жок, Нуржамал жадырай күлүп отуруптур.

- Кызым бирдеме ичесиңби? - деди Бурул.

- Ооба апа, кардым аябай ачып турат.

- Азыр, тамак алып келип берейин, - деп сырткы үйдөн Сагынбекке акырын карап, - Катты сен алып калдыңбы? - деди.

- Жо-ок, таштадыбы катты?

- Билбей калдым, - Бурул ойлоно ашканасына кирди, тамак куюп кайра кирди, Нуржамал чачын тарап өзүнө келип калыптыр, - Мына кызым, тамагыңды иче кой, анан бир баняга түшүп чыкчы, садага болоюн, - деди мээримин чача. Андан кийин Гүлжамал күйөөсү экөө келип калды, Нуржамалды көргөнү келишкен, учурашып ичкери киришти, алар аны көрүп сүйүнүп кетти, кучакташып көрүшкөн соң ашыкча сөз айтпай отуруп калды.

- Балдар, жакшы иш болду, Нуржамал сакайып калды, эртең эртелеп түлөө кылып коелу, силер куда-кудагыйды алып келип калгыла, - деди Сагынбек аларга.

- Ооба, түлөө өткөрүп коелу, - деди Бурул.

- Мейли апа, эртерээк келели анда, - деди Гүлжамал, - Нуржамалдын жакшы болуп кеткени жакшы болуптур.

- Мына, мен келдим, - деп ички үйдөн Нуржамал секире күлүп чыга калды.

- Кел, келип жездеңдер менен отуруп чай ич кызым.

- Ооба, аяба-ай кардым ачып калыптыр, - деп күлгөн Нуржамал ар бир тамактан алып жатты, анын токтонуп кадимкисиндей жаркылдап калганына кубанып турушту. Эртеси түлөө кылып жатканда Нуржамалдын классташтары келип калды, Акылайды көрүп кубана кучактап өпкүлөгөн Нуржамал:

- Акылай, кечээ Арген келип кетти, - дегенде кыздардын баары көзүн алайта:

- Эмне-е, Аргенби?! - деп жиберишти.

- Эмнеге таңгалдыңар, Арген өлбөптүр да, кечээ келип кетпедиби? - деп Нуржамал бактылуу жылмайды, кыздар аны акылынан айныган экен деп акырын жылып чыгып кетишти, Акылай унчукпай көпкө отурду:

- Нуржамал, сен чын айтып жатасыңбы? - деди.

- Ооба, ал азыр келет, келем деп кеткен.

- Эсиң менен болчу Нуржамал, Аргенди бир жума мурун...

- Акылай, - Нуржамал күлүмсүрөй анын оозун колу менен басты, - Антип айтпа Акылай, ал өлбөптүр да, силер чаташтырып алыпсыңар, ал тирүү!

- Кызык, - Акылай ойлонуп отуруп калды, - Бүгүн келем деди беле?

- Ооба, келип калат.

- Түз эле үйгө келеби?

- Ооба, апамдарга дагы айтты, - деп эшик ачылганда жүгүрүп чыкты, алдынан Арсен чыкты эле апасынан дагы уялбай эле мойнуна асылды, - Арге-ен! Анын үнүн угуп чыга калган Акылай аны көрүп өзүн жоготуп жатып калды, бир аздан кийин чогуу сүйлөшүп отурушту Акылай таңгалып ичинен ойлонуп жатты, көптөн кийин аларды узатып чыгып жолдо турушту.

- Мен кеттим, - деп Арсен Нуржамалды бетинен өөп Акылай менен коштошту, - жакшы калгыла кыздар, көрүшкөнчө.

- Жакшы бар, - Эки кыз күлүп калды, бир аз тургандан кийин Акылай дагы кетти, аны узатып Нуржамал үйүнө кирип кетти, Акылайды күтүп турган Арсен алдынан чыкканда ал бир жаман коркуп кетти: "Бул арбакпы, Нуржамалды айыксын деген го, эми эмне кылам, оо кудай", - деп артына кайрылбай кадамын жайлатып калганда Арсен:

- Акылай, менден коркпо, мен Арген эмес, Арсенмин, - деп күлө жанына келди, - Биз эгтзбтз Акылай.

- Эмне-е? - Акылай аны ишенип ишенбей карап туруп калды.

- Коркпо, кааласаң паспортумду көрсөтөйүн.

- Аа-а кереги жок, - Акылай өзүнө келе түштү, - кызык, Аргендин эгизи бар экенин билбеппиз да, - Күлүп жатты, - Кантип билдиңиз Нуржамалды?

- Арген өлөөрүндө кат жазыптыр, атайын берип кой деп суранып жатып үзүлгөн эле, ошол аманатты жеткирип кыздын абалын көрүп чыдабадым, өзү дагы мен Арген деп кучактап калды, эчтеке дей албадым.

- Чындыгын билсе эмне болот, андан дагы оор болот го?

- Жакшылап өзүнө келип алса анан бир эсебин табабыз го, силер турасыңар, ата-энеси чындыкты билет Акылай.

- Нуржамал байкушка жаман болду, - Акылай улутунуп алды.

- Кам санаба, баары жакшы болот, башкысы сен эч кимге мен жөнүндө кеп кылба, Нуржамал дагы билбесин, - деди да коштошуп кете берди, Акылай бул чырайлуу жигитти бир көрүп сүйүп калды, бирок ал мектепти бүтпөй жатып жигит күткүсү келчү эмес. Арсен кетип бара жатып чөнтөгүнө колун салып катты окугусу келди, бирок аманатты ачууга болбосун ал жакшы билет, болгондо дагы бир тууган эгизинин. Кармалап кайра салып койду, үйгө барып атамдарга кеңешип көрөйүн, эмне дешээр экен, эгер каршы болсо Россияга алып кетип калам, мен аны атайлап бузган жокмун да, тагдыр бизди табыштырып отурат, пешенебизге ушундай жазылган чыгаар, арбагы ыраазы болсун Аргендин, кудай кечирсин", - деп ойлонуп үйгө кирип келди.

- Уулум кайда жүрөсүң? - деди Насият ага кабатырлана карап, - деди апасы Насият, - Касиет эжем келиптир.

- Апам келдиби? - шашыла үйгө кирди, Насияттын эжеси Касиет эч төрөгөн эмес, Насият үчтү төрөгөн соң төртүнчүсүн эгиз төрөп балдары жаш болуп кыйналганда Касиет үч айлыгында алып кеткен, ал абдан бардар турушчу күйөөсү төрөбөгөнүнө карабай ынтымактуу жашашат. Арсенди багып алганы мен күйөөсү экөө аны өзүмдүк кылбады Эрмат аябай жакшы адам болчу, өзүмө кудай бербеген баланы кимге жалдырамак элек, андан көрө өз баласы өзүнө буйрусун, ата-энесин ачык айтып өстүрөлү, - деп айтчу эле, - Бизге эрмек болуп өлгөнүбүзчө караан болсо болду, деп айтканда Касиет кубанып жүрдү. Ошентип алар Арсенди жакшы багышты, ар жумада келип турушчу, кийин чоңойгондо бир жылда бир келип кетишчү. Арген экөөнү катар коюп алып: "Экөөңөр эгизсиңер, бир адамсыңар. Бири-бириңерге күйүмдүү болгула, сен Аргенден мурун түшүп улуусусуң, ал сенин иниң болот", - деп көп айтчу эле.

- Апа, качан келдиң? - деп Арсен кирип эле Касиет менен учурашты.

- Келдим балам, жалгыз сен жок отура албай келе бердим.

- Туура кылыпсыз, - деп отура кетти, - Атам кайда?

- Атаң сыртта жүрөт, - деди Насият.

- Аа-а, - деп коюп ойлонуп калды.

- Кел балам, бу кайда жүрөсүң? - деди Кайдулат эшиктен кирип келе жатып, - Үйдө болуп турсаң боло, өкүрүп келгендерге киши жок болуп калат экен, агаларың болсо үй тиричилиги менен үйлөрүнө кетип калган, сен туруп турсаң боло.

- Макул ата, - Арсен саамга ойлуу отуруп анан тамагын жасай, - Ата, бир нерсени кеңешет элем, - деди.

- Айт, кеңеше турган кеп болсо айта бер.

- Аргендин сүйлөшкөн кызы бар экен.

- Эмне, ал ким экен? - Кайдалут менен Насият аны карап калды.

- Ал кыз жаш, быйыл тогузду бүттү.

- Анан, дооматы жок бекен? - деп жиберди Насият чочулаганын билдирип туюк сурап.

- Апа, ал эмне дегениңиз, ал Аргендин өлгөнүн угуп өзүн жоготуп жаман болуптур, эми гана эсине келиптир...

- Атаны бечара ай-ая, - деп шыпшынып койду Насият, - Аргеним кыздарга назик мамиле жасачу да-а.

- Кантейин, кан кускурлар түбүнө жетпедиби-и, - Насият ыйлап калды.

- Кемпир, көп ыйлай бербе, бала кыйналат, айта бер, анан эмне болду? - Кайдулат Арсенди карады, - Сен аны кайдан билип жүрөсүң?

- Мага-а... мага Арген ооруканада жатканда кат берген, ошол кызга берип кой деп, мен ошону бергени барып билдим.

- Бердиңби анан?

- Жок, ансыз дагы акыбалы оор экен.

- Эмне кылдың катты? - Кайдулат кызыга карады.

- Менде...

- Кана берчи, - деди Кайдулат, Арген чөнтөгүнөн катты алып берди, ал айландыра бир карап алып, - Эмне деп жазды экен жаман бала, окуп берчи бизге угалы, - деди кайра сунуп.

- Ооба, окучу балам, бир сыры жок болду бекен, - деди Насият дагы, алар: "Кокус анын боюнда болсочу, эмдигиче эмне кылды экен, алдырып койдубу, же кандай сыры бар, кыз бузулуп калганбы, жөндөн-жөн эле эси ооп калбайт эле", - деген үчөөнүн тең оюнда турган. Арсен катты ачып окуп кирди: "Кандай Нуржамал, окууларың жакшыбы, апаңдар жакшы жүрөбү, инилериң окуп жатабы? Нуржамал мен сенден кечирим сурайм, тагдыр бизге аруу сүйүү берди, мен ошол аруу сүйүүмө жете албадым арман! Бул катты мен жөнүндө уккандан кийин алаарсың... Нуржамал менин сага айткан ырым эсиңдеби? Мен келем булбулдар менен жазда.

Сага арнап сайрап конуп бутак шакта.

Гүл көтөрүп куттуктайм экзамениң.

Күт жаным, мен келем эрте жазда... Аттиң, ошол ырымдагыдай гүл көтөрүп бара албай калдым, анын ордуна асмандан сенин көз жаш төккөнүңдү карап турам, сен мени көрбөйсүң, издеп ыйлайсың, а мен сенин жаныңа бара албайм Нуржамал... Эрте жазда кушка айланып арбагым.

Көздөрүңдөн мөлтүр жашты көрөөрмүн.

Мен өзүңдү карап туруп ошондо

Желдей сылап көздөрүңдөн өбөрмүн. Кош бол Нурум, мен сени жаным менен сүйдүм, сүйүүм менин өзүм менен кетип жатат, арманым сени менен бактылуу боло албадым. Тагдырым мени сенден ажыратты, сен бактылуу бол ардагым. Көп кыйнала бербе, ажал улук тура, өлгүм келген эмес, бирок арга жок экен, сенин мөлтүр көзүңдү кайрадан бир көргөнгө зар болуп кетип бара жатам, Кош бол Нурум... Баса мен сага айткан эмесмин, менин түгөйүм бар, аты Арсен, экөөбүз окшошпуз, балким мен деп кайгырып, мен деп кыйналсаң ал сага жардам берет, бул катты ал сага бергенде көрөсүң, мени сүйсөң Арсенге турмушка чык, бирок мен сени кыстай албайм. Чарчап кеттим. Кош бол, сени эссиз сүйгөн армандуу Арген: "2005-жыл.19-июнь", - деп окуп бүттү. Насият муңканып көз жашын улам аарчып отурду. Касиет андан бетер ыйлап жатат, Кайдулат менен Арсен үнсүз көз жашын аарчыды.

- Каралдым ай, аман жүрүп каалаган кызын алса болбойт беле? - деди Насият үшкүрүнө.

- Ошону айтсаң, гүлгүнүндө күбүлдү да садагаң, тиги дүйнөсүн берсин эми, - Касиет аны коштоду.

- Айтканда айтпаганда ажалдан улук эчтеке жок экен го, болбосо көрөрүмдү көрүп, ичээримди ичтим эле. Мени неге албайт, - деп Кайдулат үнүн каргылданта күрсүнүп алды.

- Кетем деп жаткан, ошол күнү кайдан көчөгө чыга калды билбейм, мен жок элем, - деди Арсен, ал Россияга алып кеткени үчүн өзүн күнөөлөп жүргөн.

- А дейбиз, бу дейбиз кудаанын колундабыз байбиче, арга жогунан отурабыз го, болбосо экөөбүз Аргенден жан аямак белек? - Кайдулат дагы оор үшкүрдү, андан кийин эч кимиси үндөбөй калышты. Көптөн кийин гана Насият:

- Ата-энеси бар бекен? - деди.

- Ооба, бар экен, жакшы адамдар го, - деди Арсен шыпылдай.

- Жаш болсо...

- Жаш болсо унутат, эми эле баарын эчтеке болбогондой унутат, балам болсо кара жерди жазданып жатып калбадыбы?

- Болду, көп эле бышактай бербей, мына бул каттагыны уктуңбу?

- Эмнени?

- Арсенге чык деген Аргендин сөзүн.

- Ооба-ооба.

- Ошону ойлон, - Кайдулат Арсенге карады, - Сен кандай ойлодуң?

- Билбейм...

- Баланын сөзүн калтырбай кыркын өткөргөндөн кийин ошону ишке ашыралы, жок дегенде кызга сөйкө салып коелу.

- Ата, боло береби, кечээ эле бир тууганым өлсө мен...

- Азыр сөйкө салып коебуз, окуусун бүткөндө киргизебиз.

- Ошондой кылса болот, кыз эмне дээр экен?

- Ата, ал мени Арген деп калды, мени өлдүм деп алдайсыңбы деп жатат, эч нерсе дей албай калдым, ал эгиз экенибизди айтпаптыр да.

- Алда бечара ай, - Касиет шыпшына калды, - Кулагы узундардан угат да акыры, ошондо түшүнөт, башкысы кызды сактап кал балам.

- Ооба, мен эмне дей алам апа, унчуга албай катты да бере албай койдум, апасына айттым ачыгын, ал үмүтүн жандырбай ачык айтсаң болмок дейт, бирок оозум барбады.

- Туура кыласың уулум, акырындык менен билет, ошондо өзү чечет, - деди Кайдулат, ошол бойдон унчукпай калышты, Арсен аны сүйүп калды, күнү-түнү ойлогону Нуржамал: "Биз бирге төрөлгөнбүз, жаныбыз дагы бирге эле, эми анын сүйгөн кызын сүйгөнүм туурабы же туура эмеспи, ал тийбеди бекен, же...", - деп ойлонуп да жиберди...

Нуржамал кадимкисиндей болуп калды, шыпылдап үй ичине каралашып, өзүнө карап турат, анын окууга бараарын сүйлөшкөнгө Сагынбек бир күнү Бурул экөө отурганда айтты эле ал болбой койду. Бир күнү Нуржамал мектепке барып күбөлүгүн алмак болуп директорго кирди, ал бир жумадан кийин кел деп жөнөттү. Ал мектептен келе жатканда үйүнө жакындаганда Арсен алдынан чыкты:

- Арген, кандайсың? - деп күлүп учурашты Нуржамал.

- Жакшы, кайда бардың?

- Мектепке, сенин айтканың боюнча, - Күлүмсүрөй карады.

- Эмне де-диң? - Арсен ага таңгала карап туруп калды.

- Күбөлүктү алам, окууга барам деп айттым, дал сен үйрөткөндөй.

- Мен эмне дедим эле?

- Арген, бат эле унутуп калдыңбы? - Нуржамал таарына тултуңдай кетти.

- Ийи болуптур эми, эмне деди? - Арсен түшүнбөсө дагы күлүп койду.

- Ошол, күбөлүктү алсаң, үйгө алып кетем, апамдын аппак жоолугун салынып сулуу келин болосуң дебедиң беле, мына ак жоолук салынганга даярмын.

- Аа-а, ошондой, ошондой сулуу кыз, мен эсимден чыгарып жиберген экенмин, - деди Арсен калп күлүп.

- Чын эле унутуп калдың беле?

- Жо-ок жок...

- Арген, сен мени алдап койсоң керек ээ? - Кабак чытый карады, анын ушул турушу дал апасы конфет бербей койгондо таарынган жаш баладай эле, Арсен ага ичи элжирей карады.

- Мен сени алдабайм алтышка, алдайын деген оюм болсо кара башымды жейин, - деди эле Нуржамал анын оозун баса калды:

- Антпе Арген, ансыз дагы сени жоготуп алдымбы деп мүрзөгө түнөгөнмүн, чоочун бирөөнүн көрүстөнүн кучактаганмын, кереги жок жаман сөздүн, - Нуржамалдын көздөрүнө жаш толо ага жалжылдай карады, - Мейли мени таштап кет, башка кызды сүй, бирок сен өлбө! - деп Арсендин көкүрөгүнө башын коюп солуктап жатты.

- Нуру, кой ыйлаба, ал деген жөн эле сөз да, мен жөн эле айта койдум, - деген Арсен кызды кучактай албай колун алып бара жатып тартып алды, - Сен эмне дедиң, мүрзөгө түнөдүм дейсиңби? - Карысынан ала өзүнөн алып көздөрүнө тигилди, кыздын көзүнөн мончок жаш төгүлө башын ийкеди:

- Мен өзүмдү-өзүм өлтүрмөк болгонмун, ачыгын айтсам топуракты кучактап жатканымды билем, анан өзүмдү жоготуп коюпмун.

- Жинди десе, сен мени оңой эле өлүп калды деп ойлодуңбу, сени кантип таштамак элем? - Кайра бооруна кысты: "Байкуш кыз, бир боорумду ушунчалык сүйгөн экен да, неге өлүп калдың түгөйүм, мына бул кыз менин сен эмес экенимди билсе эмне болоор экен, канчага чейин калп айтам", - деп зээни кейип турду.

- Нуру, үйдөгүлөр же бирөөлөр көрсө уят, эми үйгө кир ээ?

- Сен кетесиңби?

- Ооба, мен барайын.

- Арген.

- Оов.

- Сен үйлөнөлү дей берчү элең го?

- Ык, - Ооба-ооба, бир аз иштер бүтсүн, ошондон кийин сөйкө салдырам.

- Чын элеби? - Нуржамалдын көздөрү жайнай түштү.

- Ооба, жакында менин бир тууганым өлгөн...

- Ким деген?

- Арсен.

- Эмне?! - Кыздын көздөрү чоочугандай бакырая карады.

- Ооба Нуру, мен сага айткан эмесмин, биз эгиз болобуз, агам өлдү...

- Ошондойбу, сенин агаң беле? - Нуржамал артын көздөй бир кадам жылды.

- Ооба, ошол үчүн келе албай жатпадымбы.

- Арген болсоң сен кеткенде айткан ырыңды айтчы? - деди Нуржамал ага эми гана түшүнгөндөй, эсиңде барбы?

- Азыр, - Арсен калдастап калды, ал кызды дагы бирдеме болобу деп чоочуп кетти, - Мен кээде эле ыр жаза коем, илхом келгенде, - Күлүмүш этти.

- Калп! - деп Нуржамал артын көздөй басып бара жатты, - Калп, сен мени алдап жатыпсың, Арген эмессиң! - деди да ыйлаган бойдон үйүнө кирип кетти, Арсен эмне кылаарын билбей туруп: "Билгени жакшы болду, эми катты берсем болот, өзү чечсин", - деген ойдо көпкө катып тура берди. Кокус ал кайра жүгүрүп чыгып бир балээнин ичинен чыгабы деп коркту. Ошол убакта кайдандыр Сагынбек келе жаткан эле аны менен учурашты да:

- Бул катты Нуржамалга берип коюңуз, - деди.

- Аа-а, али бере элексиңби?

- Жок, ыңгайы келбеди.

- Макул, үйгө кирбедиңби?

- Жок, мен барайын, жакшы калыңыз, - Арген ылдамдай басып кетип калды, үйүнө кирсе Бурул ички бөлмөнүн эшигинде туруптур:

- Нуржамал, кызым сага эмне болду, ач эшикти кызым.

- Эмне болду Бурул?

- Эжем ыйлап кирип кетти, - деди Жумабек.

- Эмне болуптур ага?

- Билсем кана, ушинтип турат белем? - деди Бурул.

- Жөн кой, бир аз өзүнө келсин, антип аңдый берсең болбойт.

- Ишиң бүттүбү? - Бурул бери басты, - Мени тим койсоң болмок, балдарым менен сага тынчтык бербей койдук окшойт.

- Ал эмне дегениң Бурул, мына буга окшогон бир жаманды, сендей жакшы аялды кайдан табат элем? - деп Сагынбек Жумабек көтөрүп турган алты айлык наристени колуна алып өөп ички бөлмөгө кирди.

Анан аркы-беркини сүйлөшүп кеч киргизишти, Нуржамал күүгүмдө сыртка чыгып келип алардын жанына отурду, эч кимиси үндөгөн жок, Бурул аны аста карап коюп Сагынбек менен сүйлөшүп жатты:

- Эмне болду кызым, күбөлүккө бардыңбы? - деди эч нерсе болбогондой Сагынбек.

- Ооба бир жумадан кийин деди.

- Ап бали, мен сенин камыңды көрүп койдум, кагаздарды даярдап баарын бүтүрүп койсок күбөлүктү алаарың менен кетесиң.

- Чын элеби? - Нуржамал кубанычтуу карады.

- Албетте, мен сага калп айтмак белем?

- Рахмат сизге, өз атам кылбаганды жасап жатасыз, - Нуржамал муңая түштү, - Бул жерден эртерээк эле кетейинчи...

- Буйруса кызыбыз актриса болуп теледен көрүп турсак кандай жакшы?

- Чын эле эжем телеге чыгабы? - деди Кумарбек кызыккандай.

- Актриса болсо чыгат да, киного чыгасызбы? - деди Жумабек.

- Окуп алайын, анан көрөм.

- Ата, менин дагы киного түшкүм келем, аябай жакшы да теледен элдин баары көрүп турса, - деп Кумарбек айтканда күлүп калышты, Жумабек менен Кумарбек ата деп калышкан, Гүлжамал аке дейт.

- Сен анда актер болгуң келет тура уулум?

- Ооба да, - деп эдиреңдей карады, ал али он үчтө, Жумабек он беште, Нуржамал он алтыдан жаңы эле ашты, бир жыл кийин окуп калган.

- Болду балдарым, окуй турган окууңарды даярдай бергиле, аманчылык болсо окуйсуңар, - Сагынбек күлүмсүрөй карады, ага Бурул ичтен ыраазы болуп турду, айтканда эмне, Сагынбек абдан адамгерчиликтүү да колу ачык март неме. Кызы шаарда окуйт, уулу үйлөнгөн, шаарда жашайт, Нуржамалды кызына дайындады эле ал макул болду. Ошентип Нуржамал шаарга окууга кетмек болуп калды, Акылай анда-мында келип турат, анын күбөлүгүн алып кеткени жатканын угуп үйүнө келип калды:

- Нуржамал, чын эле кетип жатасыңбы? - деди ал учурашып эле.

- Ооба, кимден уктуң?

- Күбөлүккө барганыңды уктум.

- Ошондой, бул жерде калуунун кереги жок болуп калды.

- Эмнеге?

- Жинди болуп кетпейин.

- Нуржамал, айтчы эмне болду?

- Аргендин эгизин мен Арген деп жүрүптүрмүн.

- Км айтты?

- Өзү.

- Эмне-е?

- Ооба, мен эми биерде кала албайм.

- Акыры айткан экен да, - деди Акылай.

- Сен дагы билчү белең? - Ага жини келе карады, - Мен кандай акмакмын?

- Нуржамал, мени түшүн, сен ошол күнү мен келсем... - Акылай ага укканын айтып берди, - Эч кимге айтпа, Нуржамал менин өзүмдөн уккандай болсун деген.

- Баарыңарга ишенбейм эми, эч кимге!

- Койчу Нуржамал, дагы жакшы, ал сени аяды, ошол бойдон калсаң эмне болот эле, мына сен кадимкидейсиң, баардык чындыкты билдиң.

- Ооба, ошондой болду, ме айбан аны Арген экен деп...

- Чынында абдан окшош тура, эгиздер окшош болушат.

- Бирок кээ бир мүнөзүндө айырмалар барын сезгенмин, буга эмне болгон, бир жыл алыста болуп өзгөрүлгөн го деп койгом, көрсө...

- Жакшы болду, эми эмне кылмаксың?

- Баса Акылай, эртең көрүстөнгө барсак болобу?

- Болот, бирок эмнеге?

- Гүл коюп келейин деп ойлогонмун, акыркы коштошконум болсун.

- Макул, макул курбум, - Акылай ага жылмая карады, - Сен кетип калсаң мен кантем Нуржамал?

- Окууну улантасың, эки жылдан кийин шаарга барсаң жолугушабыз, - Күлүм калды, - Мен чындап эле кетким келди Акылай.

- Ооба, туура кыласың, башыңдан өткөн окуя сени бир топ кыйнап койду, шаарга барып окуп, жаңы досторду күтүп алаксышың керек.

- Жүрү чай ичели, - деп Нуржамал Акылайды алып кирип чай койду, Бурул үйдө болчу, экөөнө тоскоол болгусу келбеди, алар сүйлөшүп көпкө отурушту, бирде ыйлап, бирде күлгөн Нуржамал Аргенди айтып түгөтө албайт, кечке маал гана Акылай үйүнө кетти. Ал кеткенден кийин иниси Дөөлөттү алып эшикте жүрүп Арсенди эстеп: "Кызык, эки-үч жума болуп кетти, мен Арген деп жүргөнүмдү кара, эмнеге байкабадым, же окшоштугунан кайгыга батып турганымдандыр, болбосо бир топ эле айрымалары бар экен", - деп үйгө кирди. Сагынбек менен Бурул кеңешип анын китептери турган үстөл үстүнө кагаздарга кошуп катты коюп койгон, уктап калган инисин жаткырып анан ичкери кирип үстөлгө отуруп китеп окумак болуп төрт бүктөм кагазга көзү түштү: "Бул Аргендин бүктөгөнүнө окшош кагаз экен, менде мурун жок эле, кайдан келди", - деп колдору калтырай ачып окуп жатып ыйлай берди, окуй берди... Ал эми баарын түшүндү, ага эми бул кат түбөлүк табериктей туюлду, анан кайра бүктөп, бет аарчыга ороп туруп китептин ичине салып койду. Көздөрү шишип калган, ал күнү эчтеке ичпей жатып алды, эртеси негедир эрте турду, ыйлаганга шишимик тартып калган, аны көргөн Бурул унчукпады: "Кудайга шүгүр, эми өзүнө келип калды, баарын түшүнгөн экен", - деп ичинен кубанып турду...

Арсен үйүндө жүрүп дагы ойлоно берди, анын такыр башкача болуп ойго чөмүлүп кеткенин көрүп ата-энеси Аргендин өлүмүнө жорушат, Насият аны ичинен аяп: "Кагылайыным, эгиз козудай болуп аябай ынак эле, өзүн күнөөлүү сезип жүрөт окшойт, эми калган балдарым аман болсун, Аргенимдин бейишин берсин кудайым, кантейин айлам гана жок", - деп сыздап алат. Бирок Арсендин ой санаасы таптакыр башка жакта эле, Нуржамалды өзүн карабагандай кыжалат болуп: "Агасы өлсө иниси деп жеңесинин аялын деле алып берип коюшат го, ага караганда алар үйлөнгөн эмес, же алар "бирдеме" болушту бекен, Нуржамал ошол үчүн менден качтыбы, андай болушу мүмкүн эмес, бул кыз, менин иним ага барган эместир, ал андай чектен чыкчу эмес эле", - деп кээде күмөнсүй кетчү болгон, бирок өзүнүн кызга күндөн-күнгө эңсөөсү күчөп жатканын тана албай жүрдү. Бир күнү Акылайга келди ал, үйдөн чыгып келе жатып Арсенди көрүп Акылай саамга токтоп калды: "Эмнеге келди, Нуржамалга жолуккусу келдиби же...", - деп жүзү албыра аны көздөй жайдары басып келди, анткени ар Арсенди жактырып калган, анысын Нуржамалга дагы билдирген эмес.

- Кандай Акылай? - ийиле учурашты Арсен.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Жакшы, каникул кандай өтүп жатат?

- Дурус, жылдагыдай эле.

- Бош эмессиңби?

- Эмнеге?

- Мындай чыгып келсекпи деп ойлогом.

- Айыл шаардай эмес, кылт эткениң элдин көз алдында, кандай сөзүңүз бар?

- Нуржамал кандай жүрөт?

- Ал жакында шаарга кеткени камынып жатат.

- Кайсыга тапшырат экен?

- Актриса болом дейт.

- Чынбы? - Арсен ага күлө карады.

- Эмне болбойбу?

- Мм, болот дечи, бирок мен андан муну күткөн эмесмин.

- Андай ошондой, тагыраак билгиңиз келсе өзүнө жолуксаңыз болот.

- Мени ал көргүсү келбей калды го?

- Андай эмес, сиз барып байкаңыз, - Акылай өзүнө эмес Нуржамалга келгенин билген соң ага ичинен жини келе сыртынан билдирбеди.

- Жүрү экөөбүз баралы.

- Менин колум бошобойт.

- Акылай суранам сенден.

- Азыр үйдөн суранып чыгайын, - Акылай кирип кетип кайра бат эле чыкты, алар сүйлөшүп келе жатышты.

- Мен өзүмдү абдан күнөөлүү сезип жүрөм, - деди Арсен, - Аргенди мен алып кетпесем балким тирүү жүрмөк, Нуржамал экөө үйлөнүп алмак...

- Эмне-е? - Акылай Арсенге каштарын жыйра карады.

- Ооба, алар ошондой деп сүйлөшүптүр, мен анысын кечээ гана билдим.

- Кантип?

- Нуржамал окууга барам деп күбөлүк алган соң Арген алып кетмек экен.

- Кыз-зык, Нуржамал муну мага айткан эмес.

- Уялса керек.

- Ошондойдур, бирок мага айтышы керек эле...

- Акылай, сен Нуржамалга жолугуп жатасыңбы?

- Кечээ эле барып келгенмин.

- Кандай жүрөт?

- Жакшы эле.

- Мен Нуржамалга сөйкө салдырайын деп жатам.

- Эмне, чын элеби? - Акылай токтоп ага көңүл бура карады: "Эмнеге эле баары Нуржамалды сүйүшөт, мен деле жакшынакаймын, өң десе өң, акыл десе акылым бар, төрт тарабым төп келген эле кызмын, бирок неге", - деп ойлонуп кетти.

- Ооба, эгерде Нуржамал каршы болбосо, балким ал жолотпой коебу, деп корком.



- Алар Арген экөө күндөп-түндөп жүрүшчү, бири-бирин катуу сүйүшкөн экен, мен ал өлгөндө Нуржамалдын абалын көрүп түшүндүм, балким алар...

- Сен ошондой ойлойсуңбу? - Арсен анын көздөрүнө тигилди, - Ошончолукка бара койбогондур, Арген андай бала эмес болчу, ал кыздарга абдан сылык мамиле кылчу.

- Билбейм, бирок алардын мамилеси өтө башкача болуп кеткен, эч нерсеге карабай калышкан, - Акылай Арсендин оюн Нуржамалдан бурууга аракеттенди, бирок Арсен ага ишенбеди: "Мен Нуржамалдын көздөрүнөн анын аруулугун сездим, ал таза башкача кыз, иним ошол үчүн сүйгөндүр, кандай болсо дагы ал тандаган кыз мага дагы жагат", - деген ойдо.

- Биз эгиз болгон соң бирибиздин мүнөзүбүз бирибизге абдан окшош, анан да жүрөгүбүз бирге кагып, бирге дем алып, тогуз ай курсакта бирге жатканбыз, ошондуктан анын сүйгөнүн мен сүйүп калдым Акылай, албетте ал макул болсо, аны зордоп сүйдүрүүгө акым жок, - деди Арсен ойлуу бара жатым.

- Мунуң тура, балким ал сенин жашооңдон кеткиси келип жаткандыр, - Акылай аны сен деп алып уялып кети, - Ой кечириңиз.

- Эчтеке эмес, биз дос болуп калбадыкпы.

- Чын эле ошондой деп ойлойсузбу?

- Ооба, мен сени менен досторчо сүйлөшүп, сырымды айтып жатпайынбы, - Күлө карады, - Же андай эмеспи?

- Туура дечи...

- Сенин оюңча Нуржамал менден качабы?

- Билбейм, менин өз оюм ошондой, - Акылай жер карап кетип бара жатып: "Маданияттуу балдар, бирок бул кайда жүрдү эле, биз Аргенди эле көрчү элек", - деп ойлонуп ага кайрылды, - Сиз эмнеге мурда көрүнчү эмессиз?

- Мени таежем багып алыптыр, апам бир жаштан төрөп, балдары жаш болуп кыйналганда мени алып кеткен экен.

- Аа-а, биз келип калдык, сиз киресизби?

- Мүмкүн болсо чакырып чыксаңыз жакшы болот эле.

- Жарайт, анда мен кирип айтып көрөйүн, - Акылай короого кирип кетти, ал ичи тарып турду, бирок кандай кылып аларды бири-бирине жолуктурбастын амалын таппай кирип бара жатканда Нуржамал чыгып келе жаткан.

- Оой Акылай, - деп күлүп жиберди.

- Кайда жөнөдүң эле?

- Бир справка калган ошону алып келишим керек.

- Чогуу чыгалы анда, - Акылай ага бир нерсе айткысы келди бирок үндөбөдү, "өзү көрсүн", - деген ойдо болду, - Нуржамал.

- Оов, - шашыла басып бара жатып ага карады.

- Нуржамал, Акылайды үйгө кир дебей эле эшиктен кетиргениң болбойт да кызым, - деп Бурул чыга калды.

- Саламатсызбы? - Акылай ага учурашкан болду.

- Нан-пан ооз тийсең боло кызым.

- Апа кечир, мен такыр эле ойлобопмун, - Нуржамал курбусуна кайрылды, - Жүр эми үйгө кир, бир нерсе ооз тийип чык.

- Жо-ок рахмат, эми кете берели.

- Экинчи мындай кылбай жүр, - деп эне кызын зекиген болду, аңгыча кыздар дарбазага жетип сыртка чыгышты, Арсен негедир эми гана келе жаткандай арыдан келе жатып учурашты:

- Салам кыздар.

- Салам.

- Салам, - Нуржамал аны карабай өтүп кетмек болду.

- Нуржамал кандайсың?

- Жакшы.

- Качан кеткени жатасың?

- Буйруса эртең.

- Чогуу кетет экенбиз да.

- Сиз кайда бармак элеңиз?

- Шаарга, иштер бар.

- Жакшы экен, мен өз жолум, сиз өз жолуңуз менен кетесиз да.

- Менде машина бар, алып барып коем, башкысы дарегиңизге чейин.

- Кереги жок.

- Нуржамал, катты окугандырсыз?

- Окудум...

- Анда...

- Жок, менин жүрөгүмдө бир гана Арген жашайт.

- Мейли, ага тарчылыгым жок, бирок бирге кеткенге эмне болбосун?

- Билбейм, мен алдамчыны жек көрөм.

- Алдамчыга окшоп турамбы? - Арсен каткыра Акылайга карады, ал өзүнчө кыжаалат болуп өзүнүн Арсенге жакпаганына ичи тызылдап кызганычтан жаман абалда турган эле, - Айтчы Акылай, мен алдамчымынбы?

- Мен кайдан билем, силер өзүңөрчө чечишкиле, мен кеттим, - деп Акылай Нуржамалга кайрылды, - Мен бара берейин.

- Акылай, мен аны менен чечише турган сөзүм жок, сен мени менен кал.

- Болуптур, - Акылай унчукпай калды.

- Мейли анда кыздар, мен кеттим, силерге тоскоол болгум келбейт, - деп Арсен басып кетти, ал бир ой ойлонуп бара жатты. Үйүнө келди да атасына, - Ата, эртең шаарга барам, иш чыгып калды, - деди Аудисин ар жак бер жагын карап.

- Эмнеге, кандай иш эле?

- Зарыл, эртең эрте чыгуум керек.

- Мейли, этият бол балам.

- Кудай сактасын, - деп кымыңдай машинасынын тетиктерин кылдат текшерип көрүп жолго даярдап койду, Насият менен Касиет жакшы эле каршы болушту, бирок айтканынан кайтпаган уулун токтото албады. Ал эми Нуржамал менен Акылай айыл өкмөтүнө барып келе жатып Нуржамал:

- Акылай, менин көзүм караңгылап бара жатат, - деп ага жөлөнө калды.

- Ачка чыктың беле? - деп Акылай кармап калды.

- Жо-ок, тамак ичип эле чыкканмын.

- Эс алдыңбы?

- Бир аз, жүрү кете берели.

- Мен үйгө кетсем болот эле.

-Акылай, мени жеткирип койчу, өзүмдү жаман сезип турам.

- Макул-макул, - деген Акылай: "Эмне болду экен, боюнда болууга мүмкүн эмес, анын кеткенине эле бир жылдан ашпадыбы, ооруп калдыбы", - деп ойлонуп аны колтуктап үйүнө алып келди, Нуржамалдын өңү кубарып кеткен болчу.

- Эмне болду? - Бурул көрүп үрпөңдөй карады.

- Жаман болуп турам апа, - Араң эле турган экен шалак дей түштү, Бурул менен Акылай кармап калды, Сагынбек дагы чыга калып аны төшөккө жаткырышты:

- Ай кудай ай, дагы эмне болуп кетти? - Бурул ыйлактап кирди.

- Коркпо, каны азайып кеткен го?

- Догдурга алып баралыбы?

- Мейли, мен Жаныбектин машинасын айдатып келейин, - Сагынбек кетип кайра машина менен келип Нуржамалды доктурга алып барышты. Алар текшерип көрүп анын каны азайып, көп ойлогондон жүрөк оору пайда болгонун айтты, он чакты күн жатмак болду, ошентип ал окууга барбай калды. Арсен болсо таң атпай таксилер токточу жерге барып сүйлөшүп койду, эгерде мен көрсөткөн кыз келгенде алар албай турган болду, улам кеткен таксилерди карап жатты, бирок ал көрүнбөдү: "Ага эмне болду, тааныштары менен кетип калдыбы", - деп түшкө чейин туруп анан Акылайдан сураганга жөнөп жолдо келе жатканда Сагынбекти көрүп токтотуп түшүп учурашты.

- Кайдан келе жаттыңыз эле, ала кетейин.

- Нуржамал ооруканага жатып калды, ошого бардым эле.

- Эмне болду ага?

- Жүрөгү ооруйт экен, каны да азайып кетиптир.

- Аа-а, жакшыбы анан?

- Он чакты күн жатсын көрөбүз деди врач.

- Жакшы болуп кетсин, - деп аны жеткирип кайра келе жатып таанышына жолугуп калды, экөө жолугуп туруп сүйлөшүп жатканда:

- Арсен, мен телефон сатып жүрөм албайсыңбы? - деди.

- Өзүмдө бар, аа-а баса кана көрсөтчү.

- Мына жаңы эле.

- Канча?

- Үч миң.

- Оо кымбат мунуң.

- Жо-ок, азыр телефондор жаңы келип жатпайбы, ремонт болгон эмес.

- Болоор жерин айт, - деп Арсен аны далыга таптап тамашалап туруп бирин алды, - Рахмат сага, ошентип айылга таратпасаң али телефон жете элек, - деп күлүп кала берди, ал анан оорукананы көздөй жөнөдү, кыпкызыл нокиа телефонун Нуржамалга белек кылмак болду. Чакан оорукана, элүү алтымыш киши сыярлык ооруканага жетип сураштырмак болуп бара жатып Нуржамалды көрдү, ал сырттагы отургучта бир жигит менен отуруптур. Ал өзүнүн айылынан Гүлжамалдын классташы болчу, жолугуп калып сүйлөшүп турган, Арсен аны көрүп бир азга туруп анан жайдарылана экөөнү көздөй басып барды:

- Салам, Нуржамал кандай акыбал?

- Жакшы, - Алар сүйлөшүп калганда тигил ары басып кетти.

- Нуржамал, жакшы болуп кет.

- Рахмат, - Нуржамал жер карады.

- Мен сага бир сюрприз даярдап келгенмин Нуржамал.

- Кандай?

- Телефон!

- Мм, - Нуржамал аны суз карады, - Кереги жок эле...

- Нуржамал, муну сага атайын арнап алдым, кана көрчү, - Арсен ага коробканы берди, - Менимче сага жагат, - Жанына отурду.

- Мен али билбейм.

- Мен үйрөтөм.

- Рахмат, мени таң калттың, - Күлүмсүрөй телефонду колуна алды, - Үйрөнө аламбы?

- Оңой эле, менен деле жаңы алганда араң үйрөнгөнмүн, - Арсен ага жакындай отуруп телефонду ачып күйгүздү, - Мына, бул менен зарядкага коесуң, - деди да телефонун алып чалып калганда телефондон жагымдуу ырдын музыкасы чыкты, - Мына муну басып сүйлөшөсүң, - Арсен анын колун кармай телефонду кулагына алып барып өз бир колу менен телефонун кулагына такап, - Жакшы угулуп жатабы? - деди.

- ооба-ооба, - Күлүп жиберди.

- Мына, эми сүйлөшүп турсак болот.

- Апамдар эмне деп ойлошот? - Ойлуу колундагы телефонду карады.

- Мен өзүм айтам, башкысы сен жакшы болуп кетсең болду.

- Рахмат, - Нуржамал аны карады, - Ата-энеңиз уктубу мени?

- Ооба, алар сага дагы кайгырып жатышат.

- Эмнеге?

- Арген үчүн азап чекти деп.

- Ооба, бул азап мени абдан чөгөрдү...

- Капаланба, ооруп каласың, Арсен чебелектеп ийди, алар көпкө сүйлөшүп отуруп бир топ жакындап бири-бирин тааныгандай болуп бара жатты...

Мээрим жумушунан суранып чыгып шаарга келди, Баатырбек борборго келип жашап калышкан, ал келгенде баары чогуу отуруп тамактанып жатышкан, кирип келгенде алар карап калышты:

- Оо, келечектеги профессор, кандидат келди! - деп Баатырбек күлүп калды.

- Кандайсыңар апа, ата ден-соолуктар кандай? - Мээрим ата-энеси менен учурашып, эки инисине карады, - Жолборстор бойго жетип калган го?

- Сизди жаш бойдон жүрсүн деп чоңойбой коебузбу? - деди Атай күлүп.

- Ооба, эжекем али дагы бизди бала көрө берет, - деди Акай.

- Болду-болду эми, силер жигит болуп калыпсыңар, кана анда учурашабызбы? - деп күлө эки инисин өөп алды.

- Ии-ий, болбодубу эми, - Атай жүзүн ала качты.

- Эмне болду?

- Атырың кускумду келтирип жиберди. - дегенде баары күлүп ийишти, Мээрим отуруп орун алды.

- Кана кызым, иштериң кандай, оорулуулар менен тил табыша алдыңбы? - деди Баатырбек кызын сынай карап.

- Атасы, кызың жол жүрүп чарчап келди, бирдеме ичип алсын, - деди Гүлнара, -Аста жылмайып.

- Жок апа, чарчаганым жок, кардым дагы ачкан жок, - Жылмая карады.

- Жүзүң кубанычтуу кызым, бизге айтаарың барбы?

- Мүмкүн, - Мээрим ойлуу чыныны колуна алды, - Кеңеше турган сөзүм да бар:

- Мейли, жай сүйлөшөлү, - деп унчукпай калды Баатырбек, ал кызын ашыгып күйөөгө берип ийгенине ичинен өкүнүп жүргөн. Унчукпай тамактанган соң Мээрим жуунганы кирип кетти, Гүлнара кызынын түрүнөн бир нерсени баамдагандай болду, аны менен сүйлөшүүгө күтүп калды, Баатырбек жатканы кеткен.

- Кызым, ишиң кандай, көнүшүп кеттиңби? - деди ал жанына келгенде Гүлнара.

- Ооба апа, баары жайында, баса баягы Токонду билесиз го?

- Дагы баягыбы, ошону эсиңден чыгарбадың го? - деп Гүлнара кызына нааразы боло карады, - Мен сенин ишиңди сурадым кызым.

- Ишим жакшы дебедимби, - Мээрим дагы кабак бүркөй карады, - Бирдеме айтайын десем уккуңар келбейт же мага кеңеш бергиңер келбейби?

- Айт эми айта бер.

- Мен Токонду көрдүм, кыскасы мен ага турмушка чыгам.

- Эмне? - Гүлнара чоочуй карады, - Ой кыз, оюнуңбу же чыныңбы?

- Турмуш оюнчукпу апа, эгерде силерге оюнчук болсо мага мааниси чоң, Алишерге мени тамашалап бердиңер беле?

- Болуптур эми, аны өзүң таштадың, өзүң каалаганды кылдың, эми эмне деп жатасың, ошого чыкканда жыргап кетесиңби? - Ачуулу карап алапайын таппай турду.

- Апа, атам экөөңөрдүн оюңар жалгыз гана өлүү дүнүйөнү артык көрөсүңөр, адамдын жан дүйнөсү, ички сезими менен ишиңер жок, мен бала кезимден, наристе болсом дагы бир гана адам өңүндө да, түшүмдө дагы чоң роль ойноп келе жатат, унута албай кыйналдым апа, мен эле атайлады дейсиңби, ошондон бери он беш жыл өтүптүр, бирок мен ошол адамдын бала кездеги элеси менен жашап келди, эмнеге апая7 - Мээрим кызуулана апасына күйүп бышып түшүндүрүүгө аракеттенип жаты:

- Капырай, мен деле балалыгымда жакшы эле өткөргөнмүн, бирок дегеле эч нерсе эсимде жок, ойлоочу да эмесмин.

- Мына көрдүңүзбү, менин тагдырым ошого байланыштуу экенин сездим, - Мээрим улутуна апасынын жанына отурду, - Кызыгы апа, анын дагы эсинен мен таптакыр чыкпаптырмын... Балким биз мурунку жашоодо бирге болгондурбуз.

- Ким билсин, - деген Гүлнара ойлонуп калды: "Кызык, адамдар жети жолу жаралат деп уктум эле, бирок чындыгын ким билет, бирок ырас эле кичинесинде эле ансыз тамак ичпей ойнобой ыйлай берчү эмес беле, эми аны таап алган туура, кандай болоор экен, дипломдук иши да калып калабы, жок жарды турушчу эле, алага келин болуп барса аспирантурасын уланта албай калса эмне болот", - деп ойлонуп калганда:

- Апа, сен кайра жаралуу дегенди уктуң беле? - деди Мээрим.

- Уккам, бирок ал жомок сыяктуу айтылып калган сөз да.

- Жо-ок апа, мен бир укмуштуудай түш көрдүм, түшүмдө мен эркек экенмин, кербендер менен чубаган төөлөрдүн жанында кетип жатам, селде оронгондор жүрөт, аларды соодагерлер деп сездим, анан эле бир нерсе болуп ууланып дем ала албай күйүп бара жаткандай болом, аябай кыйналып жатып ойгонуп кетем, бул түш качандан бери кирет, кандай жоруса болот. Балким мен мурун газга ууланып өлгөн адаммын.

- Капырай, мен дегеле бала болуп түш көрбөйм.

- Мен түш көрөм, көргөндө кино сыяктуу, бир жолу көк мээлжиген бийи-ик тоонун чокусунда жүрөм, бутумда эчтеке жок, жылаңаяк экенмин, бир кезде жаныма чоочун эле бир адам келет, ал атын айтат, мен укпай эле өз ичимден "Токон", "Токон", - ушул экен ал мени таап алган тура деп жатып ал экөөбүздүн кол кармашып турганыбызды көрдүм, ошол убакта тээ алыстан аппак көйнөкчө экөөнөн бизди көздөй бир нурлар келип жарык болуп турду, анан кимдир бирөө: "Силер бул жашоодо дагы бирге болосуңар, анткени ант беришкенсиңер, ал антыңар аткарылды, эми бактылуу болгула", - деп айтып жатканда ойгонуп кеттим.

- Түшкө эмнелер кирбейт кызым, тоо башында жүргөнүң максатыңа жетесиң, калганы кудайдын колунда, - Гүлнара ойлуу кызын карады, - Токон окуптурбу?

- Жо-ок...

- Анан кантип жашайсыңар, ата-энеси ошол кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда жетишпей жашашчу, кызы-ым, эгерде ага кетсең атаң таптакыр карабай коет, эчтеке бербейт, үмүт этпе, - деп жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Эки күн туруп анан кетти Мээрим, кетип жатканда атасы ага акча берди, албайм десе болбоду, акыры коштошуп жөнөй берди, ичи ачышты, апасы өзүнчө акча менен узатты:

- Мага силерден эчтекенин кереги жок ата, апаке азыр мага силердин жакшы сөзүңөр менен колдооңор гана керек болчу, аман болгула алтындарым, - деп улутуна жолго чыкты. Аны Токон келип күтүп жаткан эле, колунда кыпкызыл розалар, кийгени аппак костюм шым, Мээримдин караанын көргөндө ылдамдай басып тозуп алды:

- Кандай Мээрим?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Мен сен тартуулаган өмүргө жаңы гана келдим.

- Куттуктайм.

- Рахмат, - Токон ыңгайсыздана бир нерсе демек болуп айта албай туруп калды.

- Токон, сен мага бирдеме демексиңби?

- Аа-а, ооба-ооба Мээрим, - Токон артын бир карап алды, - Бизди күтүп жатышат.

- Кимдер? - Мээрим күлө карады.

- Достор, анан үйдө ата-энемдер.

- Эрте эмеспи Токон?

- Мен ушунча күттүм Мээрим, эми чыдай албайм.

- Оо-оо ошондойбу? - Мээрим наздана күлүп ал караган тарапка көз салды, - Мен арыз жазып чыгайын.

- Макул, мен кийин тойдон кешик алып келгенде кирем.

- Жарайт мырзам, - Мээрим бактылуу жылмайып алды, ал азыр чексиз бактынын кучагында болчу, отпускага арыз жазып коюп анан бирге иштеген Ленага акырын шыбырап ачыгын айтып жөнөп кетти. Кубат менен Анара тууган туушканын чогултуп, жоро-жолдошун чакырып бир күн мурун кеңешишкен, бүгүн келин-кесектери казан кармап жүгүрүп жүрөт. Дасторконду мелтирете жасаган, Токон атайын көшөгө тиктирип кызга үйлөнгүдөй даярданды. Орто жолго келгенде Мээрим:

- Токон, мен сени менен али ачык сүйлөшкөн жокмун, бир аз токтотуп тур, сен экөөбүз тигиндей барып келели, - деди Мээрим.

- Эмнеге, үйгө барганда сүйлөшө беребиз.

- Ооба аяш, күнү-түнү сүйлөшүп чечише бересиңер, - деди Самат.

- Жо-ок, анда мен ачык эле айта берейинби? - деди Токонго кайрылып.

- Айта бер, айтпасаң деле түшүнөм, мен деле аял алып кое бербедимби, - деди Токон көзүнөн окуп койгондой.

- Аны кайдан билдиң? - Мээрим таңгала карады.

- Мен сенин турмушка чыкканыңды билем.

- Кызык, - Мээрим унчукпай калды, алар кечке маал кирип келишти, Мээрим саал тартынып отуруп калганда Токон аны түшүрүп ээрчитип кирди, Анара ага аппак чачыктуу жоолук салды, даярдап койгон көйнөгүн кийгизди, бака-шака болуп жатышканда сырттан кобур-собур, урушкандай үндөр угулуп Кубат менен Анара чыга калышты.

- Оорусунда керек болуп, киши болуп калганда кетирип ийгидей силер кимсиңер ыя, азыр каматамын силерди, кызымды күңчө беш жыл алып жүрдүңөр эле, сакайганда анын кадырын тебелеп тепсеп кайра башка катын ала койгонун кара, - деп Оңол келип кыйкырып жатыптыр.

- Оңол, уят эмеспи, кызың өзү ооруканадан эле кетип калыптыр, анын эмнесине тыраңдап жатасың? - деп Тураттын аялы Канышай аны сүйлөтпөдү.

- Ии-ий, жинди балаңар ошондо жыргап кетээрин өлбөсөм көрөөрмүн, ылайым жинди балаңар айыкпай жер кыдырып эсиңерди оодарсын, өмүрү бала күтпөй, жашоонун эмне экенин билбей өтсүн оомийин! - дегенде Канышайдын жини келип кетти:

- Тууп бала өстүрүп, үйдүн ээси болгон аялдын оозунан мындай сөз чыкканы өтө уят, бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт деген, сасыган ооздон чириген сөз чыгат, уятсыз каргышың ылайым өзүңдөн кетпесин.

- Кудайга койдум, чырактай кызымды эрден чыкты деген атка кондуруп, - деп Оңол дарбазадан чыгып бара жатты.

- Биз дагы кудайдын кулубуз, калыс өзү, көрүп турат, - деп Канышай үйдү көздөй басты, бул убакта Анара чыгып калган, - Кызыңды кыз бойдон алсак да...

- Эмне болду жеңе?

- Эк өлүгүңдү көрөйүн жуксуз келип селпилдеп жатпайбы.

- Ошого теңелбей эле койбойсузбу, Аидада күнөө деле жок жеңе.

- Мейли, жаман өзү менен кетсин, кир эми, кудалар келет бекен?

- билбейм, эми сурайбыз го жеңе.

- Эртелетип же жөнөткүлө бирөөнү, бечара өзү каалап келсе томсортуп койгон болбойт, - деди Канышай, айыл коңшулары Токонду куттуктап келип кетип жатышты, сойгон койдун эти бышаарда Анара Токонду чакырып алды:

- Балам, киши жиберебизби, же бирөө жарым келеби, сурачы Мээримден.

- Макул апа, - Токон шыпылдай ичкери кирип Мээримдин кулагына шыбырады, ал атасынын телефон номерин берди:

- Токон, атамдын коркуп жатам, анын тапкан күйөөсүнө жашабай баса бергенимден бери мени менен сүйлөшпөй жүрөт.

- Коркпо, киши жөнөтөм.

- Алыска киши жөнөтүп убара болбо, телефон чалгыла.

- Макул, - деп сыртка чыгып телефон чалды да Туратка берди, - Чоң ата, сиз эле сүйлөшүңүзчү.

- Сүйлөшпөй анан, ал деле адам да балам, - дегенче Баатырбектин үнү угулду:

- Ало-о угуп жатам, бул ким экен?

- Сиз Баатырбексизби?

- Ооба мен, ким сурап жаткан?

- Биз Мээримди келин кылып алдык эле, кулдугубуз бар куда, киши келсе качан келет айтып коесуздарбы, болбосо өзүбүз баралы.

- Ким, айдан чалып жатасыңар?

- Биз сизди тааныйбыз, бирге иштеп кеткенсиз, кызды балабыз издеп жүрүп тапты, - дегенде телефонун өчүрүп койду. Аны аялы токтоткон болчу.

- Эмне дейт Баатыр? - деди ал өңүн буза.

- Мээрим күйөөгө кетиптир, сурап жатышат, мен иштеген кайсы совхоз болду экен, баарын беш колумдай билемин, - деди Баатырбек, - Эмне кылабыз, эми алып келип алсак кандай болот? - Кеңеш сурап Гүлнарага кайрылды.

- Алып келе албайсың, - деди Гүлнара ары бурула.

- Эмнеге?

- Ал өзү каалап кетти Баатыр, сен билесиңби Мээримдин кичинесинде бир коңшубуздун баласысыз тамак ичпей кыйнаганын.

- Аа-а ошол балагабы? - Баатырбек күлө караганда Гүлнаранын жини келе ага бир тийди.

- Эмне, кубанып кеттиңби?

- Жо-ок, бирок ага каршы эмесмин.

- Эмнеге?

- Ал бала жакшы жигит болмок, мен билгенмин, кой эмне деп жооп берели?

- Ондон ашык киши барат де, - деди жинденген Гүлнара.

- Койсоңчу, анча киши барып чаап алмак беле Кубатты.

- Анда өзүң жооп бер, - деп Гүлнара басып кетти, Баатырбек ойлонуп кайра өзү чалды эле Токон Туратка бере койду.

- Ало-о угуп жатам куда, бизди кечиресизби, кандай чечтиңиз?

- Эртең төрт киши барат, азыр мен Мээрим менен сүйлөшүүм керек.

- Жарайт, жарайт куда, - Турат телефонду Токонго бере койду, - Сүйлөш балам.

- Ата...

- Кызым, көңүлүң жайындабы?

- Ооба ата, мен сиздердин гана батаңыздарга муктажмын.

- Бактылуу бол кызым.

- Рахмат ата.

- Кызым, диссертацияңды таштап койбо, эмгектериң күйүп кетпесин.

- Жо-ок ата, аны таштабайм, кам санабаңыз.

- Анда бактылуу бол кызым, мен сени менен сыймыктанам, - деп телефонду өчүрүп койду, Мээрим кубанычтуу Токонду карады:

- Баары жайында.

- Анда этти чыгаргыла, жаштар ырдап чордой берсин, - деди Турат, ал инисинин баласы үчүн эч нерсесин аябады, минтип оорусунан сакайып калганда башын куттуктап бир ат мингизген, үйлөнгөнүнө бир уй жетелеп келди. Калган туугандары беш-он миңден чогултуп жатып жыйырма миңдей акча топтошту, иши кылып Кубаттын жүзүн жер каратпоо үчүн баары тике турушту, анын баласы ооруп жатканда дагы кол үзүшкөн эмес. Бака-шака болуп келин алуунун шарапаты жүрүп жатты, айрыкча Токон бактылуу болуп Мээримдин жанында, ал кайрадан жаңы төрөлгөндөй, өз бактысына өзү ыраазы. Өткөн сегиз жылдык өмүрүнүн элдир-селдир кээси эсинде, түш көргөндөй болуп кээде көз алдында, Аиданы эстегиси келбейт, анын баягы койнуна алып жатканы дагы бүдөмүк.

- Токон, эмнени ойлонуп кеттиң? - деди Мээрим ал ойлонуп калганда.

- Сени, өзүмдү ойлонуп жатам, өзүмдү жаңыдан өмүргө келгендей сезип жатам, - деди анын кулагына шыбырап. Конокторду узатып анан уктабай эртеңки келе турган кудалардын камын көргөн Тураттын эки келини, коңшуларынын келиндери салат жасап отурушат.

- Келинди врач экен дейби? - деди бири акырын.

- Ооба, жин оорусу жөнүндө диссертация жактап жаткан имиш.

- Илимпоз турбайбы.

- Ошондой дейт.

- Ай келиндер, ушак сүйлөбөй ишиңерди так кылгыла, - деди тамашалай күлүп Тураттын улуу келини Сайкал.

- Ушактабай эле сүйлөшүп жатабыз жеңе, - деди бири.

- Токон акенин аялы врач дейби?

- Ооба, буйруса оорусак догдурубуз жаныбызда болот.

- Ой кайдан, илимий иш жазган неме бул жерге турбайт го?

- Коркпогула, биздин бала аны жакшы башкарса алып калат айылга.

- Кандай болсо дагы акебиз бактылуу болсунчу, - деди бири шаңкылдай, аларды Сайкал тейлеп, тамак берип тунук суудан аздап куюп коюп иштетип жатты, ошентип таң атканча даярданып коноктун камын көрүп жатышты. Токон менен Мээрим өзүнчө бөлмөгө киришип сүйлөшүп отурушту.

- Атамдын мени кечиргенине кубанып турам, - деди ал Токонго.

- Жаным, ата-эне кечирбей кайда барат, анын үстүнө алар балдарын бактылуу эле болсун дешет да.

- Ооба дечи, мен коркуп жатканмын.

- Коркпо алтыным, ата-энелерибиздин ак батасын алсак бактылуу болобуз.

- Токон, - деди Мээрим акырын.

- Оов, эмне дегиң келди?

- Мен аябай бактылуу болуп турам.

- Мен дагы.

- Токон.

- Оов.

- Аиданы эмнеге алып алдың эле?

- Аны эстетпе Мээрим, өзүң врачсың го?

- Ооба, бирок билгим келет.

- Ал окуя тээ бала кезден башталган, силер кеткенден кийин бизге кошуна болуп башка директор келди, анын мени менен тең баласы бар эле, экөөбүз улам чоңойгон сайын атаандаш болуп өстүк, - Токон оор дем алып алды, - Кийин Аида пайда болду, ал мага жакындаган сайын Асылбек мени жек көрүп туруп алды, мен Аиданы ачык эле сүйбөйм деп айтсам болбой эле менин жаныма келет, акыры ушул болду...

- Аны сотко бербедиңерби?

- Жок, баары бир анын атасы куткарып алмак.

- Жазасын алыш керек эле.

- Кудай берсин жазасын.

- Туура, анан кандайча үйлөнүп калдың Аидага?

- Балдар-кыздар акыбалымды көргөнү келгенде ал кошо келген, анан ошол балдар ала качып келди, бирок мен ага күйөө боло турган абалда эмес болчумун.

- Ошого кайыл болгон экен да.

- Ооба, аялым катары жүрдү.

- Кыйын болуптур.

- Ошондой, сен өзүң жөнүндө айткың келеби, эгерде суроом жакпаса жөн кой.

- Эмнеге, айтып беремин, - Мээрим күлүп койду, - Атам катуу ооруп калды, ал тез арада мени досунун баласына бермек болгондо каршы болдум, бирок атамдын абалы өтө оор болчу, мен биринчи эле курсту аяктаганмын, бирок атам мага: "Кызым, көзүм өтүп кете электе сенин жайлуу жерге барганыңды көрүп, тоюңа катышып өлсөм арманым жок эле деп туруп алды, жүрөгүм дайынсыз бирөөнү күтүп, эңсеп жатса дагы мен ага барууга аргасыз болдум...

- Анан эмне болду?

- Менин муз жүрөгүмдү эрите албаганына жинденип мен окууда жүргөндө аял алып алды, ошол бойдон ушул күнгө чейин сени гана күтүп жүрдүм.

- Мен дагы, сени эле эстеп туруп алдым, табам дейм оюмда, бирок менин акыбалым такыр башка эле, эгерде сен ал жерге келбесең өмүрүм тозокто жүрүп өтүп кетмек, - деп келинди кучактап алкымынан жыттады, экөө төшөк ичинде ырахатка батышты.

- Мени жубан алганыңа нааразы эмессиңби Токон?

- Жо-ок, менин кубанычым чексиз, биринчиден адам катарына кошулдум, экинчиден сага жолукканым мени зор бакытка бөлөдү, - Токон Мээримди бекем кучактап алып өпкүлөп жатты, - А сен бул тагдырга нааразы болбойсуңбу?

- Жок, жүрөгүмдүн эңсөөсү басылды, көңүлүмдүн кирип кетти Токон, сенин балалыгың көз алдымда кино тасмадай калыптыр, чоңойгонуңду элестете албайм десең, анан эле сен мени чакырып жаткандай туюла берчү.

- Ооба, колумдан келсе ай-ааламды жаңыртып кыйкырып таап алат элем, алсыз болдум оорукчан бир бечара болдум, ошондо дагы сени жүрөгүмдө табам дечүмүн, - Токон күлүп калды, - Мына эми таптым, чексиз бактылуумун.

- Мен дагы.

- Жаным, кокус кайра жарала турган болсом дагы сени сүймөкмүн, издеп таап алмакмын.

- Жо-ок антпе! - деп анын оозун алаканы менен жапты Мээрим.

- Эмне болду?

- Антип айтпа.

- Эмнеге, кайра жаралгың келбейби?

- Билбейм, кайра жаралууну жомок деп ойлойм.

- Жо-ок Мээрим, сен муну айткың келген жок, балким коркосуң.

- Ооба жаралгым келбейт.

- Эмнеге жаным, коркуп кеттиң го?

- Мейли, уктайлы, эртең конок күтөбүз, - Мээрим көзүн жумуп жатып калды, Токон ага таңгалды: "Эмнеге коркот, бир билгени бар го, ошончолук эле коркунучтуу болобу кайра жаралуу, коркунучтуу жомок уккан го", - деп ойлонуп унчукпай жатып калышты. Көзүн ачса эшикте күн тийип калыптыр, Мээрим туруп кеткендей, орду бош турат, көзүн ушалай кийинип сыртка чыгып келе жатканда Мээрим кирип келе жатып аны бөлмөсүнө кайра алып кирди:

- Эмне болду? - Токон ага таңгала карады.

- Токон, атамдарга айт, сен экөөбүздүн ооруканадан табышканыбызды эч ким оозунан чыгарбасын.

- Эмнеге?

- Экөөбүз үчүн өтө маанилүү.

- Жарайт, мага түшүндүрүп кой.

- Кийин айтам.

- Макул, - Токон сыртка чыгып кетти, ошол күнү түшкө жакын лексус машинасы менен эки аял, эки эркек келди, Баатырбектин иниси аялы менен, Гүлнаранын сиңдиси, иниси болуп келишкен эле. Кудаларды тозуп алып салтка ылайыктап сый урмат көрсөтүп жатышты, иниси Жаркынбек керсейип күйөө бала кирсин деди бир кезди, бул агасынын эң башкы тапшырмасы болчу. Токонду жасантып киргизди жеңелери, алар күйөө балага көрүндүк берип жактырышты, эт тартылгандан кийин кийит кийгизип алдына он беш миң сом, бир союшту тоюна деп, кайра жеңетайына эки миң сом кошуп жөнөтмөк болгондо Жаркынбек:

- Куда, мен чоң кудаңардын салам дубасын айтпай койсом болбойт, эмки жума күнү кыз-күйөөнү үйүнө чакырат, - деди.

- Куда, анчалык эрте кантип алып барабыз, күз болсун, мал семиз убакта барсак кантет? - деди Кубат кыйыла.

- Болбойт куда, калың-малыңдын кереги жок, кызын эрте чакырып алгысы келет, билесиңер Мээрим аспирантурада окуйт, илимий иштери кечеңдебесе дегени.

- Түшүнүп турабыз, бирок салт-санаа деген бар.

- Мен айттым, кабыл алыш өзүңүздөрдөн, сыйыңарга рахмат, балдар бактылуу болсун, биз кайталы, - деди. Аларды узаткандан кийин Кубат, Турат болуп кеңешип отурушту, ары кетип, бери кетип бир пикирге келе албай жатышканда Мээрим:

- Мен атама сүйлөшөм, кабатыр болбоңуздар, - деди.

- Балам, биз баш алып жатабыз, куру кол бара албайбыз, барбай дагы кое албайбыз, - деди Кубат, - Сенин окууңдан калганыңды каалабайбыз, биздин коркконубуз...

- Ооба, Токон али сакая элек, - деп Анара андан аркысын айта албай токтоду. Ошентип алар конок узатып отуруп калышты, Жумабек иштеп майда жандык күтүп калышкан, акыры Турат менен Канышай, Анаранын таежеси менен Токон, Мээрим болуп бир жылкынын пулун түйүп бармак болуп токтошту, Мээрим канчалык эчтеке албагыла десе болбой коюшту, бир жума деген бат эле өтүп кетет эмеспи, кой союп, боорсок жасап, таттууну салып Тураттын баласынын унаасы менен жөнөп калышты, Акматтын унаасы Одиссей эле, кечке маал жетишти, телефондон угуп күтүп жатышкан экен тозуп алышты. Баатырбек менен Гүлнарага Токон адеп көргөндө эле жакты, мыкты даярдаган экен, экинчи кабаттагы чоң залга киргизип сыйлап жатышты.

- Токон, окууга тапшырбадыңбы балам? - деди Баатырбек.

- Жок, шарт болбоду.

- Эми да кеч эмес, буйруса тааныштар толтура.

- Рахмат, Мээрим экөөбүз кеңешебиз го.

- Ошент, окуп алсаң кор болбойсуң, - деп керсейе карады.

- Ата, аны кийин сүйлөшөбүз, - деди Мээрим.

- Бул жерде чоочун эч ким жок кызым, болоор ишти убагында кеңешип чечип алган жакшы, Турат акени менден жакшы эч ким билбесе керек туурабы? - Баатырбек Туратка кайрылды.

- Ооба-ооба, жакшы заман эле, силердин артыңар менен биз дагы жашап калдык, оо сиз ошондо эле март жигит элеңиз, - деп шыпылдады Турат.

- Ошондо Кубатты кой бак десем болбой койбодубу, жалкоо эле.

- Ошондой болду...

- Сен атаңдай жалкоо эмессиңби күйө бала?

- Жо-ок.

- Жалкоолук бир келген өмүрдө адамдын эң жаман оорусу балам, эмгекчил болсоң баары болот, эмгегиң текке кетпейт, - деп дагы көп сөз айтты Баатырбек, түнү бою конок болушуп таңга маал жатышты, эртеси аларды кайра ресторанга алып барып конок кылды, түш оой аларды кийит кийгизип узатышты, кыз-күйөө калып калды. Турат инисине Баатырбекти мактап барды, марттыгын айтып түгөтө албайт, бир койдун этин кешик кылып берген, айыл коңшусуна ооз тийгизип балдарга бата алып жатышты. Кубат менен Анара эс ала түшүштү, оор жүк жонунан түшкөндөй кудайга миң мертебе алкыш айтып отурушат. Ал бүтүп эми аяк биягын жыйганча дагы бир окуя болуп кетти. Жумабектин сүйлөшкөн кызы бар эле, ал аны кыйнап кирди:

- Жума, эгерде үйлөнбөсөң милицияга берем, мен ата-энемдин төрүндө төрөгөнчө өлгөнүм артык.

- Сейил, мени түшүнсөң, атамдарга айтканча эле акем үйлөнүп калбадыбы, болбосо качан эле алып кетет элем го? - Күнөөлүү жигит башын жерге салды.

- Билинип калганча алып кет, болбосо өзүмдү-өзүм өлтүрөм.

- Койчу Сейил, мен сени сүйөм, бир аз чыда, сөзсүз алып кетем, көрөсүң го.

- Макул, бир ай күтөм, болбосо мени калп айтып жата деп ойлобо.

- Ооба, мен сенин өлгөнүңдү каалабайм, сен мени сүйсөң ишенет элең го...

- Канчадан бери ишенип эле келе жатам го?

- Шарт ошондой болуп калды да.

- Мейли, азыр бара бер, мен үйгө кирбесем атамдар өлтүрөт, - деп Сейил аны узатып калды, ошол күнү айтмак болду, бирок дагы болбоду, арадан он күн өткөнчө Сейилге дагы бара албады. Бир күнү күүгүмдө Сейилдин апасы шып этип кирип келди:

- Кел-кел Ажар эже, караңгыда жайчылыкпы деги? - Анара эзели келбеген аялга таңгалып төргө өткөрдү, ал отуруп алып үй ичин айландыра карап сынап жаткандай болду.

- Мен келдим, - деди анан Ажар, - Ушуну айтып эшигиңерге келгенче өлсөмчү, - Бышактап алды, - Жума менен Сейил ээнбаштык кылып коюшуптур!

- Эмне? - Анара чоочуп кетти, - Ал кандай болгону?

- Мен кайдан билем, Сейилдин кусуп жатканын көрүп сурасам ашказаным ооруп жатат деп койгон, тим болуп калганмын...

- Анан эмне болду? - Анара чыйпылыктап сурап ийди.

- Эмне болсун, боюнда бар экен!

- Коку-уй, кантип эле?

- Эмне өзүнөн-өзү болмок беле? - Ажар алкына карады, - Жумадан болуптур!

- Койчу Ажар эже, менин балам...

- Силер мойнуңарга албасаңар каматамын, мен жакшылыкча сүйлөшөйүн деп өзүм келгенмин, Дакенди билесиңер, кокус эле угуп калса балаңды соо койбойт! - деди да туруп чыгып кетип калды. Анара эмне дээрин билбей отуруп калды, Кубат үйдө жок эле, нес болуп калган Анара: "Эми эмне болот, санаабыз тынып калганда бу көйгөйдүн чыкканын кара, Кубат келсе акеме кеңешели, эптеп басып койсок чын болсо алат да", - деп ойлонуп жатканда Кубат кирди, Анара ага айтты эле ал дагы чоочуп кетти. Жума аны билип ата-энесине көрүнбөй качып досу Айбектикинде жатып жүрдү, бир күнү аны Кумарбек чакырып келди.

- Ой ат-та-аңдын ооз-зугурайындын баласы кайда жүрөсүң ыя? - деди аны көрүп эле Кубат ачуулу.

- Акырын эле айтсаң боло, - деп Анара уулунан коркуп күйөөсүн тыйды, катуу айткандан дагы коркот ата-эне, азыркы балдардын сөз көтөрүмү жок, дароо эле өздөрүнө кол салышат, Анара ошол үчүн коркуп жаткан.

- Эмне болду ата? - Жума үңүрөйө жер карады.

- Биздин укканыбыз чынбы?

- Эмнени...

- Ажар келип кетти!

- Ооба, - дегенде Кубат уулун жонго бир койду, - Эмне кылалы эми?

- Билбейм, сиздер чечиңиздер.

- Кызга жолугуп кел эртең, - деди да жумшара отуруп калды, - Жоктун жону катуу болуп жатканы да балам, болбосо ушинтет белек, алып келе бер демекпиз.

- Макул сүйлөшүп көрөм. - Жума шылкыя жооп кылды.

- Көрбөй эле чечип кел, ала качайынбы деп.

- Макул, - деп эшикке чыгып кетти Жума, ойлонуп ата-энесинин чечимин Сейилге барып айтмак болуп анын үйүн акмалап барып ышкырмак болуп бара жатып шыңк эткен Сейилдин үнүн угуп токтой калды, дал экөө отурчу чоң түп алмасынын түбүндө экөөнүн отурганын байкай коюп шырп алдырбай жакындап барды:

- Качан алып кетесиң анан? - деген Сейилдин сөзүн угуп таңгалды.

- Шашпа. Өзүң билесиң да, күтө тур.

- Апам билип калды, урушуп жатат, сени милицияга берем десе эмне кылам?

- Чыда жаным, сөзсүз алып кетем.

- Канча күтөм? - Сейил ыйлактай сүйлөп жатты.

- Чыда жаным, мен алып кетем дедим го.

- Сейит, - дегенде Жуманын кулагына жаман угулду, дароо ордунан туруп үйүнө кирип барды, Ажар тура калды:

- Ой бала эмне болду?

- Жүрүңүз, кызыңыз кайда?

- Үйдө эле отурган.

- Мен сиздин кызыңызды таап берем, - деп колунан алып багынын ичине кирип барганда Сейит менен Сейил тура калып Сейит качып кетээрде Жума кармап калды, - Менден көргөн кызыңыздын кебетесин көрүңүз, кана кимибизден бала? - деп Сейилди булка тартты, - Сүйлөбөйсүңбү, тилиңди жутуп алдыңбы, мага айткан сөздү буга айтып апаң экөөңөр бизден эмне күттүңөр эле? - дегенде Сейил бет тырмаачылык кылып кыйкырып калды:

- Сени биерге ким чакырды, жоголчу ары!

- Мениби, апаң чакырып келди, ата-энемди кошо чакырган.

- Мени сен алдап жүргөн экенсиң да? - деп Сейит Сейилди жаакка чаап ийди, Ажарда үн сөз жок өлөйүн деп өлө албай, жердин катуулугунан зорго чыдап турду.

- Калп, мен Сейит сени сүйөм. Ал мени сенден кызганып жатат, - Сейил ыйлап жатты.

- Кантип сүйлөп жатасың, эми эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз кызыңызды, андан кутулганыма тобо, кимден бузулган болсо ошого жармашсын! - деди да Жума басып кетти.

- Мен сага үйлөнө албайм, сенин мындай экениңди билбепмин, - деп Сейит дагы кетип калды, энеси менен кызы селдейген бойдон кала беришти, Жума үйүнө келсе атасы эшиктин алдында басып жүрүптүр, аны көрүп эле:

- Кайда жүрөсүң ой бала, бул кылыгың кайда алып бараар экен? - деди ачуулана.

- Ата, кам санабаңыз эми, үйлөнбөйм дагы, - деп кирип кетти, ага чынында эле кыйын болуп жаткан, Сейилди сүйүп калган, кыз эмес болсо дагы үйлөнөм деп жүргөн, ал жинденип ордуна кирип көмкөрөсүнөн жатып алды, Кубат анын артынан кирип карап коюп кайра чыгып өздөрү жатчу бөлмөгө кирди:

- Жума келдиби? - деди Анара, алар тынчсызданып жаткан эле.

- Келди, - Кубат күңк эте чечинип ордуна жатты.

- Кызына жолугуп келген го?

- Кайдан билем, үйлөнбөйм деди го.

- Ийи, эмне болуптур?

- Тултуюп кирип жатып алды.

- Сурабайт белең ботом.

- Эртең сен сура, - Кубат ары карап жатып алды.

- Капырай, ата деген уулдары менен сүйлөшүп сырын тартпайбы.

- Болду укта, кеч болуп калды, эртең акемдер келет эмне болду деп.

- Келсе Жумадан сурайбыз да эмне болгонун.

- Ооба, уйку берчи эми какшанбай.

- Укта-укта, кийинки учурда уйкуң эле келип калды да.

- Анан эмне кылайын?

- Өзүң билбейсиңби? - Шыбырай күйөөсүн артынан кучактады, - Жашаганыбызга отуз жыл болуптур, мен кээде баягы-ы жаңы үйлөнгөн кезибизди элестетип кеттим.

- Ийи де. Жашарып бара жаткансың го, аял кырктан ашканда күчөйт имиш.

- Эмнеси бар экен, күйөөм бар күчөсөм болбойт бекен? - Наздуу шыбырады.

- Боло-от болот байбиче, - кубат олдоксон бери бурулуп аялын кучактап экөө саамдан кийин күш-быш болуп, аялдын назик дабышы угулуп жатты, алар балдарынан тартынып кээде-кээде ушинтип жан жыргалынын даамын татып алышат, жашоо мыйзамы эң керектөөсү, маңызы эрди-аялдын төшөк ичиндеги ушул ичиндеги ушул кызык табышмагы өмүр улап, адам жаратуу менен гана чектелбей өмүргө бир ырахатты тартуулап турат эмеспи чиркин. Анара күйөөсүнө ыраазы боло:

- Али күчтөн тая элексиң, - деди шыбырай.

- Мен көп короткон жокмун, сенден башка аялдарга барган эмесмин.

- Ооба, мен дагы түбөлүк сеники гана болуп келе жатам го?

- Эми уктайлы байбиче.

- Уктай бер, - деп Анара күйөөсүнүн жаагынан сылай өөп жатып алды. Эртеси эрте келиптир Турат, ал аялы экөө кеңешип анан келген болчу.

- Эмне кылалы деп чечтиңер? - деди иниси менен келинин караган Турат.

- Жума үйлөнбөйм дейт го.

- Эмне, эми ооруган баланын азабы бүтүп түрмөгө түшсө ошонун азабын тартасыңарбы, чакырчы Жуманы, - деди Турат.

- Эч ким камай албайт, балким калп айтканы үчүн өзү камалаар.

- Эмне болду балам, түшүндүрүп айтчы, - деди Анара.

- Мен кечинде сүйлөшөйүн деп барганмын, - Жума баарын айтып берди, уятынан өлгөндүр эмдигиче, болоору-болду, эми кам санабай эле койгула.

- Капырай, ошондой кыз бекен Сейил, балакет ба-ас, - деп Канышай аларга карай оозун басып отуруп калды.

- Өзүн билбей селпилдеген энесин карабайсыңбы, тим эле өктөм сүйлөп жатпады беле, - деп Кумарбек айтканда Анара ага колун кезеди.

- Баласың, мындай сөздөргө аралашчу болбо!

- Макул апа.

- Бар ишиңди кыл.

- Мейли, - Кумарбек акырын чыгып кетти, анын дагы сүйлөшкөн кызы бар эле, ал өз оюнда: "Эгерде Каным бирөө менен жүрүп бузулуп алган болсо, же мени алдаса ошол жерден өлтүрөмүн, Жумача унчукпай баса бербейм", - деп ойлонуп жатты. Ал Жумага караганда абдан чыйрак, ишти даана жасап ачык сүйлөгөн бала, али ата-энесинин босогосунан чыга элек болсо да, балалык кыял жоругу кете элек, ата-энесинин кароосуна муктаж болсо дагы өзүнүн маселесин өзү чечет. Бой келбети келишип узун, арык жигит болгон, анын сүйгөн кызы онунчу класста окуйт, чачы узун кара тору кыз, өңү кара болгону менен каштары кыйгач болуп жаңы чыккан айдай, эки бети кызылдуу, ууртунда уячалары бар сүйкүмдүү кыз. Кумарбек он биринчиде окуп жатканда сүйүүсүн айткан, ал дагы сүйөт, ата-энеси бардар жашаган айылдын көзгө көрүнүктүү адамдарынын бири. Жума үйдөн чыкпай калды, анын кыздарга болгон ишеничи өчкөн, бир күнү ал үйдө отурганда Кубат:

- Балам, быйыл экөөбүз бада алып багып келбейлиби? - деп калды.

- Канча мал?

- Канча чогулса ошончо алабыз да.

- Канчадан төлөйт ата?

- Койго отуз сомдон, уйга элүү сомдон айына, апаң уй саап сүзмө-май куюп алат.

- Мен жакында курулушка сүйлөшүп койгонмун да ата, Кумарды кошуп алыңыз.

- Мейли, колоктотпой аны мал кайтартайын, кечээ акем сүйлөшүптүр, бир жумадан кийин чогултат экенбиз.

- Кумарды иштетиңиз, менин ишим ансыз деле жакшы ата, бир үйдү толук алсак элүү миңден алат экенбиз, анын үстүнө мен чатырын жакшы жабам, андан дагы көп алам, - деди Жума.

- Анда сен өз ишиңди кыл балам, апаң экөөбүздүн күчүбүз гана керек силерге, силердин эртеңкиңер үчүн жашайбыз, Токондон көңүл тынды, аны аялы ооруса айыктырып алат, окутуп-чокутуп адам кылат, мына бул экөөңөр үчүн бирдеме жасайлы деп жатабыз.

- Ооба, түшүнөм ата, - деди Жума, ошол учурда лексус унаасы токтоп Токон менен Мээрим келип калды, аны Мээрим айдап келген эле, көтөрүмчөктөрү көп экенин көрүп Жума жетип барып учурашып үйгө киришти. Алар базарлыкты аябай алып келишкен эле, Анара кудуңдап сүйүнүп жүрөт, айылда соеор малы жоктугун билишип бир койдун этин ала келишиптир.

- Куда-кудагыйлар жакшы жатышабы айланайын?

- Ооба, салам айтышты, - Мээрим салафандан өрүктүн кагын алып чыкты, - Токонго кубаттуу болот дейт атам, көп алып келдик.

- Саламат болушсун.

- Биротоло келдиңерби балам? - деди Кубат уулуна кайрылып.

- Жок, эки күндөн кийин силерди алып кетебиз, чакырып жатышат.

- Уят го, аларды биз чакырып сыйласак болот эле, - Анара уулун карады.

- Апа, - деди Мээрим жылмая, - Атам өз дегенин кое бербейт, жакында сеп беребиз деп жатат.

- Кокуй, анда камынышыбыз керек го? - Анара дароо күйөөсүн карады.

- Жо-ок апа, биз Токон экөөбүз шаарда жашайлы деп чечтик, - Ыңгайсыздана күлүп кайра, - Албетте сиздердин уруксатыңыздар болсо, - деп Токонду бир карап алды, ал сен дагы бирдеме дебейсиңби деген көз карашы эле.

- Биз эмнеге каршы болот элек айланайын, ушунчалыгына шүгүр балам, кайда болсо дагы ден-соолугу таза болуп аман жүрсө болду, - деди Анара, Мээрим дасторкон жайып тамак ашын, алып келгендерин коюп жатты, - Жума кайда кетип калды, уул-келиниңдин алып келгенин өзүңөр жеп алдыңарбы дебесин, акем менен жеңемди, бу коңшу Сайра менен Алымканды чакырып келсин, - деди анан.

- Ошент балам, силердин аман жүргөнүңөр гана бизге Кубат, эми Жума менен Кумарды үйлөнтүп койсок милдетибизден кутулат элек, - деди Кубат аста сүйлөп, - Кайда болсоңор да аман болгула.

- Ата, биз шаарда эле бололу, Мээримдин дипломдук иши дагы бар, биерден ал бүтүрө албай калат, - деди Токон, ата-энеси таарынып калабы деген ойдо себебин баса айтып.

- Биерден балээге бүтүрө алабы балам, - Анара уулун коштоду, - үйдү кантээр экенсиңер, батирде кыйналасыңар го?

- Ал чечилген апа, - деди Мээрим, атам бизге үч бөлмө үй белек кылды.

- Жакшы болуптур анда, - Анара кубангандай болду, - Биз алып берсек болот эле...

- Жо-ок апа, атамдардын баласымын да мен дагы, мен үчүн берет.

- Койсоңчу Мээрим, - Токон күлүп калды, - Атамдар мен үчүн алып берди го, баягы Токон келип мага күйөө бала болот деп кайдан ойлопмун, кызымдын купулуна толгон жигит болупсуң, менин сага белегим болсун дебедиби.

- Ма-акул, - ма-акул, баары бир экөөбүздүкү да, - Мээрим жылмая Токонду карап турганда сырттан Канышай менен Турат неберелерин ээрчите кирип келишти:

- Оо келгиле балдарым, - деди Турат, Токон тура калып учурашып төрдөн орун көрсөттү:

- Өтүңүздөр.

- Аман-эсен келдиңерби айланайын? - Канышай Мээримди өөп анан отурду, - Анара келинин уул-келини алып келгендерин өзү жеп салбасын деп эле келип калдык.

- Койчу жеңе, - Анара күлө карады, - Сиздерсиз тамактан өтпөсүн билесиздер да.

- Ооба-ооба, келиним башынан ушундай, - Турат сөзгө аралашты, - Ыймандуулугунан көрсүн, эми-и гана колуңарды боорго алып балдардан көөнүңөр тына баштабадыбы, силерди көрүп ичкеним ирим болуп жүрдүм.

- Ооба, сиздердин бизге берген дем күчүңүздөр бизге кубат болбодубу аке, - Анара шыпшына башын ийкегиледи.

- Ой, эмне эле мени кеп кылып жатасың? - Кубат ормое карады, аны беркилер дагы эмне болуп кетти дегенсип карап калышты.

- Эмне дедим? - Анара түшүнбөй.

- Кубат болду деп жатпайсыңбы?

- Эмне болот эле?

- Мени айтпа да, - деп каткырып агасына көзүн кысканда тигилер эми түшүнүп күлүп калышты, Мээрим кызара уялып кетти, үндөбөй чай куюп сунуп жатты. Анара эми гана түшүнүп күйөөсүнө жини келе карады:

- Тим эле сени бирөө уруп согуп жаткансыбай жөн отурчу, атың Кубат болсо эле сөздүн баары сага тийе береби, ар бир сөздүн өз түшүнүгү бар да.

- Ошондо деле тамашалап койдум байбиче, - Күлүп кызаңдай келинине катуу тийгенин сезип өзү дагы уялып калды.

- Токон, жол жүрүп чарчап келдиңер тиги үйгө кирип эс алгыла балам, - деди Анара, Мээрим менен Токон чыгып кеткенден кийин, - Бала болуп кетет, ал жөн эле кубаттуу болот экен деди, ошону акемдердин көзүнчө айтып келинди уят кылдың, - деп күйөөсүн жемелеп жатты.

- Мен жөн эле... - Кубат башын кашылай унчукпай калды.

- Койгула эми, бу дагы өзүн сыйласын деп жатат да, - Канышай кепке кошулду, - Капырай куда-кудагыйды сурайын дегиче...

- Жатышыптыр, салам айтыптыр жеңе.

- Саламат болсун, негизи жакшы кишилер, - деди Турат, - Баатырбек директор болуп турганда жакшы эле дүпүлдөдүк го.

- Кой чал, кетели эми, - деди Канышай.

- Анан балдарды жиберебиз жеңе, эт берип ийиптир.

- Мейли, чакырган жерден калба деген, акең экөөбүз азыр колу жолубуз бош, чакырган жерге бара беребиз, кудай ушуну кут кылсын, - Канышай шыпшына ордунан турду, Анара базарлыктан салып берип өзү узатып кайра кирди.

- Кудайга шүгүр, - деп алды ал, - Эми сен тигини буз, тамак асып акемдерди чакырып коелу, - деди анан, андан кийин сүйлөшүп көпкө отурду, коңшусу Сайра менен Алымкан келип алар дагы отуруп кетишти, Токон бактысына ыраазы, Мээрим экөө алдын ала жашоолоруна кам көрө башташты, биринчи эмнеден башташ керек экенин тизмелеп жазып жатышты.

- Токон, адегенде сен айдоочулукту үйрөнөсүң, андан кийин эмдиги жылы окууга тапшырышың керек, мен диссертациямды жактап бүтүп анан иштеп сен окууңду бүткөнчө карайм.

- Анан качан балалуу болобуз? - деди Токон.

- Азыр ага шашылыштын кереги жок.

- Мээрим, мына мен жыйырма жетиге чыктым, сен жыйырма алтыдасың, балалуу болушубуз керек, кечигип калабыз.

- Токон, балалуу болууга жетишебиз, - дегенде Токон кабак чытып анын сөздөрүнө көңүл бурбай жатып алды.

- Токон, сен мага таарынып калдыңбы?

- Жок, мен таарынганда эмне, баары бир укпайсың.

- Таарынбачы эми, эгерде боюма болсо төрөйм да.

- Ишенбейм.

- Эмнеге?

- Өзүң врачсың, болбой турган дарыны колдонуп жүрө бересиң да.

- Токон, ушунчалык ишенимден кеттимби?

- Жок, бирок баланы каалабаганың мени өкүнтүп жатат.

- Болуптур анда, балалуу болгонго макулмун, мен илимдин артынан жүрсөм, сен эми окуйсуң, балким сен дагы бир илимдин доктору болуп калсаң, балдарыбызды ата-энебиз багып коет дечи, бирок алар бизден алыс өсүп калат...

- Анан балалуу болбой коюу керекпи?

- Андай дегеним жок го.

- Анда сексенге чыккандабы?

- Аа-ай, сен мени түшүнбөсүң го.

- Мээрим.

- Оов.

- Сен менден балалуу болгуң келбейт окшойт?

- Эмнеге андай деп ойлойсуң?

- Мен жинди болуп айыккам, балким зыяны бардыр.

- Жок-жок алтыным, андай да, мындай да эмес, болуптур сен айткандай эле болсун, - Мээрим өз каталыгын кеч түшүнө Токонду кучактап калды, - Кереги жок башкасынын, балалуу болобуз, жөн гана карапайым адамдардай жашайбыз, жарайбы жаным?

- Мени капа кылдың Мээрим, сени ойлоп кыялга батып балдарыбызды сага, мага окшоштуруп алып кубанып алчу элем.

- Болду дедим го, эми сөзсүз төрөп берем.

- Качан? - Мээримге муңайган жүзүн бурду.

- Эмки жылдын ушул маалында колуңа аласың.

- Мээрим, ал кудайдын иши, бирок сен болтурбоонун аракетин жасабашың керек.

- Эми эч кандай андай кылбайм, - деп ийди Мээрим.

- Сен токтотуп жүрдүң беле?

- Жок-жок, - Мээрим айбы ачылгандай шашып кетти, Токон унчукпай ойлонуп калды: "Мен өз каалаганыма баш кошуп балалуу болгонду кыялданып жүрсөм бул боюна болтургусу келбей жүргөн экен да, анда бул мени сүйбөйт, андай болсо эмнеге мага күйөөгө тийди, үмүтүмдү үзүп койсо болбойт беле", - деп жатты. Мээрим жүрөгү сүйүп, өмүрүндө күтүп жүрүп баш кошкон жарынын жүрөгүн оорутуп алганына ичи ачышты: "Чын эле мен эмнеге балалуу болууну каалабайм, балким сактанбасам деле болбойт чыгаар, Токондун ой максаты бала болгон соң төрөп беришим керек", - деп ойлонуп эртеси өзүнүн тааныш гинекологуна барып көрүндү.

- Мээрим, куттуктайм сени, - деп жылмайды ал.

- Эмнеге эже?

- Уже сенин боюңда бар экен.

- Кантип? - Мээрим таңгала карап калды.

- Эки айдан ашыптыр.

- Чын элеби?

- Ооба, эмне болду?

- Мен сактанып жүрбөдүм беле?

- Туура эмес кылгансың, мындайда балага зыяны тийиши мүмкүн.

- Эми эмне болот?

- Көрөбүз, дагы бир айдан кийин келсең көрөбүз, эгерде өспөй турган болсо анда сөзсүз алып салуу керек, - деди Айнакан.

- Эже, алдырганда төрөбөй калсамчы?

- Айла жок, инвалидди жарыкка алып келүү да кыйын.

- Эми эмне кылам? - Мээрим ойлонуп калды, өкүнүп да жатты, бирок Токонго айткан жок: "Эгерде өспөй калса алууга туура келет, анда Токонго кыйын болот, ага айтпай алдырбай дагы түшүрүүгө аракет кылуум керек", - деп ойлонуп жатты. Билинбей эле жай, жаз күз өтүп кыш дагы келди, Мээримдин төрөйүн деп калган учуру, Токондун кубанычында чек жок эле, экөө колтукташып келе жатканда алдынан Алишер менен Аида чыга калды. Аида аларды көрүп токтоп калды эле Алишер байкабай эле:

- Эмнеге токтоп калдың? - деди колунан тарта.

- Алишер, тигилерди кара.

- Ким экен? - деп Алишер карай берип Мээримди таанып калды.

- Менин күйөөм...

- Эмне, менин кеткен аялымдын жанындагыбы?

- Ыя, Мээрим сенин аялың беле?

- Ооба, кетирип жибергем, - Анан Аиданы карады, - Сен күйөөм оорукчан дебедиң беле? - Ошол учурда алар байкамаксан болуп өтүп бара жатты, Аиданы колдон ала андан жооп укпай эле алардын артынан жетти Алишер, - Оо, жолугушчу убактар бар экен да, кандай Мээрим?

- Жакшы, - Токтобой кете беришти.

- Бактылуу көрүнөсүң?

- Куда кааласа, айрылышкан жолдорго кайрылуунун кажети жоктур?

- Куттуктайм, аспирантурада экенсиң.

- Рахмат.

- Күйөөң менен таанышсак болбойбу?

- Жок, биз шашылышпыз.

- Жарайт, анда менин аялым менен таанышып койгула.

- Биз таанышпыз ээ Аида? - деп Мээрим бурула токтоду, - Бекемирээк болбосоң бул дагы таштап кетиши мүмкүн, - деди эле Аида артына бурулуп кетип калды, Алишер анын артынан жөнөдү.

- Аида токто, Аида дейм!

- Жетет, мен эми өз жолум менен кетем, - Ыйлап алган.

- Эмнеге, бирөө сүйлөп койсо мен күнөөлүүмүнбү? - Жетип колдон алды, Алишер Айтурган менен жашай албай ажырашып кетип беш алты жыл бойдок болуп иштеп жүрөт, акыры шаарга баса берип өзүнө бир бөлмө үй сатып алып жашап жүргөндө Аидага жолугуп калып экөө жашап жүргөн, ата-энеңе алып бар десе ана, мына деп болбой койгон эле.

- Ал туура айтты, сен каалаган күнү башкага үйлөнүп алсаң мен кала берем, андан көрө азыртан эле кеткеним жакшы, - Аида ылдамдай басып кете берди.

- Аида, мен сени кааласаң эртең эле алып кетем, ишен мага.

- Калп, сен мага үйлөнбөйсүң.

- Эртең алып кетем, сөз берем сага.

- Кантип ишенем?

- Азыр үйгө барып телефон чалам дагы эртең алып кетем.

- Алдап үйүңө алып баргың келеби?

- Сөз берем, - Алишер телефонун алды, - Кааласаң азыр сенин көзүңчө чалып сүйлөшөм.

- Кимге чалганыңды билем?

- Мына, атам деген жазууну окучу, - Алишер ушинткенде Аида анын жанына келип анын телефонун карап калды, Алишер кулагына алып бара жатып өчүрүп койду да, - Ало, ало ата, мен эртең келин алып барам, эмнеге, апам ооруп жатабы, качантан бери, мейли анда, эртең өзүм барып калам, - деп Аидага карады, - Апам ооруп жатыптыр, азыр болбойт дейт.

- Дагы бир шылтооң кармады да.

- Өзүңдүн көзүңчө чалдым го, апам ооруп жатса аял алып барсам эл наала кылат го, - деп эптеп жибитип Аиданы колтуктап үйүнө келди, ошол убакта Алишердин телефону чырылдап калды, - Атасына жанагы кетиргенде маяк берген экен деп кайра чыккан эле, - Алоо, ким бул, аа-а жакшы-жакшы, мен азыр бошмун, жумуш издеп жатам, ооба, - деп коюп койду, атасы Бекмурат таңгалып калды, Алишер болсо Аиданы карап ырсайды, - Бир досум, мамлекеттик кызматта иштейт, бир районго экономисттик жумушту сунуштап жатат.

- Жакшы экен.

- Келчи жаным, - Алишер анын ийинине колун коюп диванга алып келди, - Кабатыр болбо жаным, буйруса өзүм барып келип кеңеше келем, сен үйдө бол макулбу?

- Мен айылга барып келишим керек.

- Анда мейли, экөөбүз тең кетебиз, кайра келебиз.

- Мен келбейм.

- Неге?

- Же эрден жок, же иштен жок жүрө бербей ата-энемдин жанында болгонум жакшы.

- Мага таарындыңбы?

- Эмнеге таарынмак элем, тагдырым ушундай жазылса.

- Баса жанагыны менин күйөөм дедиңби?

- Ооба, сенин мурунку аялың менен менин мурунку күйөөм эми эрди-катын...

- Сен аны жинди дебедиң беле?

- Ооба, кийин эле ооруп калган, бирок Мээримди көргөндөн кийин өзүнөн-өзү эле сакайып кетти, көрдүң да.

- А сен соосунда тийдиң беле?

- Жок, аны сакайтыш үчүн...

- Анан.

- Анан ал мени көргөндө кайра жинденчү болду, беш жыл чыдадым.

- Кантип кеттиң анан?

- Мээрим пайда болгондон кийин.

- Кызык экен, ал кайдан пайда болду?

- Ошол, аны көргөндө Токон кубанып өзүнөн-өзү эле сакайып кетти, беш жыл жашап ага бир дагы жардам бере албаганыма ызаландым, мени ошол беш жыл ичинде жанына жолотподу, - Аида улутунуп алды, - Демек мен бир дагы эркекке жакканым жок, тагдырым ушул болсо айла канча, калган өмүрүмдү ата-энемди карап, ошолорго кызмат кылып өткөрөм.

- Аида, мен деле турмуштан жолум болбой жатат, эмне экенин билбейм, жакшы эле кызматтарда иштедим, маянам дурус болчу, ата-энем менин тапканыма муктаж эмес, жадагалса мага берип турат, бирок аялдан жолум болгон жок.

- Мээримди сүйсөң керек?

- Ооба, ал менин биринчи аялым, аны ата-энебиз болбой эле үйлөнтүп коюшкан, бирок мен чынында аны сүйчүмүн.

- Кетирбей койбойт белең?

- Көңүлү жок немени кармай албайсың да.

- Аның туура, оорукчан болсо дагы көңүлү болбосо карабасын көрдүм го.

- Мага турмушка чыгасыңбы?

- Шакабаңбы? - Ызалуу Алишерди карады.

- Аида, ишен мага.

- Жок Алишер, сенин дагы менден безе качкың келип турганын билбейт дейсиңби?

- Андай эмес, ойлонуп көрсөм экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен.

- Бооруң ооруп кеттиби?

- Жо-ок, өзүмө боорум ооруйт, отуздан ашкыча үй-бүлөө, бала-чака дегенди билбей жүрөм, атамдар болсо кайра-кайра чалып үйлөн деп жан койбойт, ишти да таштап ата-энемдин акчасы менен жашап жатам, - Алишер Аиданын алдына келип тизээлеп отурду, - Чын дилим менен айтам, мага турмушка чыкчы.

- Алишэ-эр...

- Макул десең түндөп алып кетейин.

- Эми эле апам ооруп жатат дедиң го?

- Ал эми тумоо-сумоо болсо керек, алар мүмкүн мага дагы бирөөнү тапкандыр.

- Ошентип чакырабы?

- Ооба, бир жолу барсам атайын бирөөнү даярдап коюшуптур, баса бергенмин, ошондон бери таарынып барбай жүргөнмүн, алар эптеп мени баргыза албай жатышат.

- Андай болсо байкар көр, балким жакшы жаша калаарсың.

- Билбейм, эчтекеге көңүлүм келчү эмес, ойлонуп көрсөм туура эмес экен.

- Кой, мен жатып эс алайын, эртең жолго чыгам, - деп Аида Алишерди дагы чөгөлөсө, мен сени сүйөм десе деп турду, бирок ал ойлогондой болгон жок.

- Мейли, жатсаң жатып эс ал. - деди Алишер, - Жакшы жат.

- Сен дагы, - Аида арман кыла диванга ары карап жатып алып ыйлап жатты, Алишер кайдадыр чыгып кетти, ал сыртка чыгып телефон чалып атасына сүйлөштү, алар кубанышып тез эле келинчек алып кел дешти, андан кийин досуна чалды, ага чалып эртең эрте келип кал деди да башка бөлмөгө жатып алды, эрте туруп эшикти сыртынан кулпулап кетип калды, он, он бирлерге кийим кече жоолук алып келсе Аида жинденип чыга албай жаткан экен.

- Кайда кетип калдың, бир нерсеңди уурдап кетет дедиңби? - деди Алишер кирээри менен эле ачуусун сыртка чыгара.

- Кулпулаганымды унутуп калыптырмын.

- Эк жолуң болсун! - деп кийим салган баштыгын көтөрүп чыкмак болгондо Алишер аны акырын карысынан алды.

- Аида, суранам кетпе.

- Сүйлөшпөдүкпү Алишер.

- Жүрү, биякка кирсең, - деп бөлмөгө алып кирип Аидага аппак жолукту салынтып көрүп көзүнөн өптү, - Менин жубайым болчу.

- Алишер, ойногонуңду кой.

- Азыр машина келет, буларды кийинип даярдан, башка сөздү кой, - деп бөлмөдөн чыгып кетти, Аида кубанаарын же ыйлаарын билбей туруп калды, аңгыча эки үч досу келип калды:

- Ой Алике, эмне болду? - деди Айбек.

- Үйлөнөм достор, чал кемпир күтүп жатышканын билесиңер да, өзүм дагы картаң бойдок болуп жүрө бергенден тажадым.

- Азамат, досубузду ийге келтирген кандай сулуу болду экен? - Тилек мойнун койкоңдото ар жак бер жакты карап койду.

- Аликем оңой кыздарды торго түшүрбө-өйт, - деди Дастан.

- Кана анда кеттикпи? - Айбек шаштырган болду, Алишер Аида отурган бөлмөнүн эшигин такылдатты.

- Аида даярсыңбы?

- Алишер, - деди ал, Алишер кирип барды:

- Эмне болду жаным?

- Ойнобочу, оюнуңбу же чыныңбы? - Ишене албай суроолуу тигилди.

- Алтыным, балдар келип калды, күтүп жатышат, - деп шашыла колунун алды, - Кийим менен жоолук укмуш жарашыптыр.

- Тамашаңды кой.

- Бол эми, тамашаны көрөсүң, - Болбой эле жетелеп чыкты.

- Салам сулуу кыз, - дешип алар Аида менен баш ийкешип учурашышты.

- Жакшы.

- Кеттик Алике, өзүң билимдүү түшүнүктүү эле жансың, жолдон калбайлы.

- Кеттик, - дешип үйдөн чыгышты, Аиданын кубанганында чек жок эле, купуя кубанычы толкундантып сыртынан билгизбей бара берди, бака-шака түшүшүп кете беришти, чынында эле Алишер андан качкысы да келди, ата-энесинин айткан кызын алып кайра айылга барып тынч жашагысы келди, бирок ойлонуп көрүп, Аиданын айтканын угуп бир чечимге келип дароо эле чалган болчу. Түш оой айылдын четине жетишип бака-шака болуп бирдемеден ичип алып анан ата-энеси жашаган районго кирип келишти. Улуу кичүү күтүп турушкан экен, Аиданы ичкери алып кирип кайненеси жоолук салды, Сурма али жүзүнө бырыш түшө элек, толугунан келген элүүлөрдөн ашкан аял, туугандары келип куттуктап жатышты.

- Балам, - деди Бекмурат Алишерди ээндетип алып, - Аида жакшы эле келин экен, эми уят кылбай тынч жаша, жаш эмессиң, эки аял кетирдиң, уят эми.

- Болду ата, эми айылда эле калам го?

- Ошент, мен Акимчиликтен сүйлөшүп жумуш таап берем.

- Мейли, жетишет, жакшы эле жүрдүм ата.

- Ата-энеси бар бекен?

- Ооба.

- Анда телефондон айталы.

- Мейли, мен Аидага айтайын, - деп Алишер ичке кирип кетти, Сурма уулуна арнаганын дасторконго жайып, келген кеткенге жетине албай жатты.

- Уулум үйлөнсө экен деп ал тилегиме дагы жеттим кудайга шүгүр, эми бир жаманым бар ошону турмушка берип алсам анан арманым жок эле.

- Кудай берген бактылуу аялсың Сурма, үч келиндүү болдуң, эми жалгыз кызың да чоңоюп келе жатат, тилегиңди берет, - деп Батма деген чоң абысыны шыпшынып койду, Аида келген күнү чыккан жок, эртеси салт боюнча эки кайнагасы менен кайнатасына, жакын туугандарына жүгүнттү, дал ошондо Алишердин ортончу агасы Заирди көрүп жүрөгү шуу эте көзүн кара туман басып кетти. Аны менен шаарга жаңы барганда таанышып кыз жигит болуп жүрүп анан алдап кеткен жигит ошол болчу.

- Кудай жалгасын балам, этегиңден жалга, бактылуу болгула, бири-бириңе жөлөк болгула, - деп улуу карыя батасын берди, Аиданы кайра алып чыгып кетти, анын жүрөгү сыздап турду: "Ай кудайым ай, бул эмне деген табышмагың, бактылуу болдум го дегенде эми мунун чыга калганын, Алишердин бир тууган агасы тура, эми эмне болот, ал мени жашатпайт, же өзүм эле кетип калсамбы, жо-ок уяты болсо өз күнөөсүн сезип, тагдырга таң берип унчукпай калаар, менин балалыгымды алып, бактымды байлаган ошол эмес беле", - деп ыйлагысы келсе дагы өзүн кармап тобокел кылып кирген чыккандан тартынып ойго батып жатты. Заирбек Аиданы көргөндө: "Муну кайдан таап ала койду, андан бери алты-жети жыл өтүп кетсе дагы жүргөн экен го, сойкулук кылгандыр, муну бул жерге калтырганда болбойт", - деп ойлонуп жатты. Анын эки баласы бар, келинчеги Айдана сулуучумак ак жуумал келин, өзү сүйүп алган, аларды али Аида тааный элек, Бекмурат менен Сурма Алишерди ушуну менен жашап калсын деп ойлонуп Аиданын ата-энесине киши жиберди, жеңетай тоюн кошо берип он миң сомду кошуп жөнөттү. Турардын үйүнө килейген Одиссей келип токтоп үч киши түштү.

- Бул Турардын үйү бекен? - деди бири үйдөн чыккан Оңолго кайрыла.

- Ооба, ким керек эле?

- Сиздердин кызыңыздар бизге келин болду эле, жеңетай тоюн алып келдик.

- Эмне дейт ботом, каяктан келдиңер эле?

- Таластан келдик, - Ошол убакта Турар келип калды:

- Кимсиңер балдар?

- Кызыңды алып кетиптир, кудалар экен, - деди Оңолкан.

- Кудай урган, андай болсо кир дебейсиңби?

- Киргиле айланайын, - деп Оңол купшуңдай эшигин чоң ачты. Кудаларын сыйлап, жек жаатын сураштырып, дарегин тактап кийит кийгизип узатты, бактылуу болсун деп баталарын беришип эртеси эле айыл коңшусун чакырып тойчук берип жеңетай таратты. Аида баскан изинен сактанып алдынан Заирдин чыкпашын тилеп чоочулап жүрдү, аны кайдан билсин Алишердин келинчегин куттуктап бир туугандардын чакан отурушуна акча чогултмак болушту, мурдатан эле ошондой ражалары бар эле. Жетөө аялдары менен келип калышты. Ошондо Заир башын көтөрө албай же ачык айта албай жатты, жөнөкөйдө шайыр дагы, отуруштун көркүн ачкан сөзмөр, ырчы Заирдин бул отурушу башкаларына жакпай бир Бөлүкан деген жеңеси:

- Ай бала, сен эмнеге унчукпайсың, кана баштабайсыңбы? - деди шакылдай.

- Жеңе, башым ооруп турат, болбосо...

- Бир тууганыңа кезек келип калыптыр эми, бирдеме деп кой, - деди дагы бири.

- Ошону айтсаң, келиндүү болуп жатканда ырдабасаң качан ырдайсың ыя?

- Ырдайт, тим эле башка жерде тамада болуп каласың го?

- Эки-үч күндөн бери эле ооруп жүрөт, - деди Айдана.

- Күйөөңдү актабай эле кой, - деди бири күлүп, Аида болсо араң эле чай куюп отурат, Алишер жеңелери менен тамашалашып жайдары, Аида менен Заирдин акыбалы бирдей эле, абийирибиз ачылып бирөөлөрдөн угулуп калабы деп коркуп жатышты. Бекмурат келиндери менен балдарын кой союп берип сыйлады, өзүнүн үч уул бир кызы бар, ызы мектепте окуйт. Түн бир оокумга чейин бака-шака болуп отуруп анан кетишти, Аида бир аз эс ала түштү. Бир жумадан кийин Бекмурат акимчиликке кирип Алишерге бир кызмат таап сүйлөшүп келди, ошентип ал иштеп калды, улуусу Закирдин бизнеси бар, өзүнчө тың турат, балдары бойго жетип калган, Заир фермер болуп мал чарбачылыгы менен алектенет, Айдана мугалим, калганы агасынын төрт баласы. Заирдин жумушу чарбачылык болгондуктан иниси жокто Аиданы кеткенге аргасыз кылмак болуп ойлонуп жатты. Бир күнү кайнене-кайнатасы тойго кетип өзү жалгыз кир жууп отурса кирип келди, Аида үйгө кире качты эле эки жагын карап туруп артынан кирди:

- Сен Алишерге эмне максат менен тийдиң? - деди заарын чача.

- Мен билген эмесмин.

- Өлүмүш болбой изиңди суут, болбосо ким көрдү кылып өлтүрүп кетем!

- Өлтүр, ансыз дагы мени бир өлтүргөнсүң.

- Тарт тилиңди талпак, бул жерде калам деп ойлобо, - деди да чыгып кетти, Аида отура калып ыйлап жиберди:

- Акмак, абийиримди төккөнү аз келгенсип багымды талкалаганы жатабы, менин кайсы күнөөм бар эле? - деп үңүлдөп жатты.

Канчага отурганы белгисиз сырттагы кийимдерин ойлонуп эптеп чыкты да жууп жайып жатканда Бекмураттар келип калды.

- Көздөрүң эмне болгон балам, ыйлагансың го? - деди Сурма.

- Тишим ооруп чыдатпай жатат апа.

- Атаны кокуй ай, тиш оору жаман, - деп Сурма ишенип калды, - Бирдеме койсоң боло.

- Дары койдум.

- Ошент, тиш оорунун азабын аяба-ай тартканмын мен дагы, жаныңды көзүңө гана көрсөтөт го чиркин, - Наалып кирип кетти, Аида эми үйдө жалгыз калгандан коркуп калды: "Алишерге шаарга кетели деп айтсамбы", - деп ойлонуп жатты, бирок жаңы гана кызматка отурган анын макул болоор болбосуна ишенбей турду, кечке маал Алишер жумуштан келип тамагын ичкенден кийин жыйыштырып жатканда:

- Балам, тишиң басылдыбы? - деди Сурма.

- Басылып кайра ооруп жатат апа.

- Басылып калаар, кечке кыйналдың жатып эс ала бер айланайын.

- Идиштерди жууп коеюн апа.

- Аны Зымырат деле жууйт, жата бер, - деп болбой бөлмөсүнө киргизип ийди, бир аздан кийин сырттан кирген Алишер жаттыңбы? - деди.

- Ооба, тишим ооруса башым ооруп жатат, - Аида ага дагы калп айтты.

- Жакшы болуп калат алтыным, - Алишер анын жанына жатып кучактап алды.

- Ишиң кандай?

- Жакшы, буйруса каалагандай иш болду.

- Жагып калды дечи?

- Ооба, эмне болду?

- Шаарга эле кеткенде болмок.

- Эмнеге?

- Билбейм, шаардагы акимчиликтен сүйлөшүп жатам дебедиң беле?

- Сүйлөшкөнмүн, бирок мен эң кичүүсүмүн, ата-энемди каршым керек да.

- Өзүң бил.

- Сага бирдеме жакпай калдыбы?

- Жо-ок, баары эле жакты, деги айтып койдум да.

- Кам санаба алтышка, буйруса бакандай кызматкер болом, мурдатан кетпей койгонумда болмок, эмдигиче өйдөлөмөкмүн - деди Алишер өкүнгөндөй.

- Сен дагы мансапка умтулат окшойсуң?

- Ким умтулбайт жаным, жакшы кызмат, жакшы жашоону кимдер сүйбөйт, балдарың дагы эчтекеден камсыз болот, анча мынчалар көзүңдү карап кошомат кылып кулуң болууга даяр турса дөөлөттүү кимдер гана эңсебейт, - деп келинчегинин бүт денесин сыйпалап өпкүлөп жатты, - Төрөп берчи мага.

- Кудай берээрин унутпасын.

- Ооба, кудай берсе төрөп бересиң ээ?

- Уулбу же кызбы?

- Мен адегенде кыз болсо дейм.

- А мен уулду жакшы көрөм.

- Кимиси болсо дагы төрөсөң болду жаным, мени менен теңдердин балдары биринчи класска окуп калыптыр, - Күлүп калды, - Кыздарды айтпай эле коеюн.

- Мен деле балалуу боло элекмин.

- Болобуз буйруса.

- Укта эми, менин болсо тишим ооруп кыжаалат кылып жатат, - Аида тескери карап жатып калды, Алишер анын жаны кейип жатканын ойлоп унчукпай артынан кучактап жатып уктады. Убакыт деген суудай акты, күндөр бири-бирине окшош, билинбей өтө берет, бир күнү Аида сыртка чыга калса Заир туруптур, жүрөгү оозуна тыгыла түштү, кемпир чал үйдө отурушкан:

- Дагы эле жүрөсүңбү? - деди Заир ага көзүн акшыйта.

- Мени өлтүрсөң өлүгүм ушул үйдөн чыгат, кетет экен деп ойлобо! - Аида сыртка аны түртүп өтүп кетти.

- Абийириң төгүлүп жүрбөсүн?

- Экөөбүздүкү тең төгүлөт.

- Басып кал жаагыңды!

- Сен жаап кал, менин тагдырымды талкалаганыңды кудай билип туруп мени Алишерге кошуптур, мени көргөн сайын күй, ошондо мен кандай азап тартканымды сен билесиңби, өлүп гана калбадым, кудайдын калыстыгына ыраазымын! - деп Аида тилин тартпай ары бара жатты, үйдөн Бекмурат чыга калбаганда алар дагы канча арбашат эле ким билет, Заирбек атасы менен учурашып калды:

- Кел балам жөн жай элеби?

- Ооба, жөн эле келгем.

- Ким, апаң үйдө, чай-пай ич.

- Жок, кайра эле кетем, Алишер иштеп жатабы?

- Ооба, буйруса көнүп калды.

- Жакшы болуптур, мен анда кеттим, - деп жөнөп бара жатып ары жактан келе жаткан Аиданы жеп жиберчүдөй болуп акшыя карап кетип калды. Анын ушул тушта ичи от жалын болуп турду: "Тагдырымды талкаладың дегенин кара, жалап десе, атайын менден өч алганы келген тура, шашпа сени жаныңды көзүңө көрсөтпөсөмбү, кантип кетип калганыңды билбей да каласың", - деп жини келгенинен муундары калтырап бара жатты. Ал өз күнөөсүн ойлогон дагы жок, болгону ушунчадан өзү эрмектеп жүргөн неме жатындаш инисине келип алганы жинин кайнатып жаткан, аны атайын сурап билип алып анан тийгендей сезип туруп алды. Ал ошондон бери үйүндө дагы сиркеси суу көтөрбөй кагынып силкинип, балдарын урушуп жаман болуп кетти:

- Заир, сага эмне болду? - деди бир күнү айдана.

- Эмне болуптур, жинди болуп калды дегени турасыңбы?

- Мындай эмес элең го?

- Койчу башты оорутпай!

- Заир дейм, - Айдананын дагы жини келип кетти.

- Эмне?

- Сенде бир сыр бар, ачык айт, болбосо мен жарылам.

- Жарыла бер, - деп Заир күлүп ийди, - кантип жарылганыңды көрөйүн.

- Сен бирөөнү жактырып калгансың Заир, эгерде эле ошондой болсо мага таарынба, дароо төркүндөрүмдү алып келем да кетем.

- Койчу бай болгур, кимди жактырмак элем, өзүңдөн башканы сүйбөсүмдү билесиң, керек болсо карабайм дагы, - Заир аялына актана арсалаңдап күлүп калды, - Коркпо, андай проблемадан алысмын.

- Анан эмнеге эле түнөрүп, ачууланып калчу болдуң?

- Чарбанын иши алдыга жыла албай жатат, кандай кылсам экен деп ойлоно берип башым катты, - Заирбек аялын ишендирди, өзү Аиданы кантип кетирүүнү билбей ойлоно берди: "Аны менен өмүр бою кантип бир дасторкондо отуруп даам татам, аны көргөн сайын инимдин алдында күнөөлүүдөй болуп жүрүп өтөмбү, кантип кетирсем экен, же эптеп өлтүрүп койсомбу, анда соттолуп кетем го", - деп кыжаалат ойдон арыла албай жүрө берди, Айдана ага ишенип калды, такып сурабай ишин сурап коет. Аиданын бир курбусу бар эле, ал экөө Заир менен бирге жүргөндө чогуу көңүл ача коюшчу, Аиданы ал: "Эй сен Заирге ишенбе, ал сени ойнотуп эле жүрөт, мындай жүрсөң дагы алдана көрбө, башка кыздар менен көп жүрөт экен", - деп айтканда: "Ал көрө албастардын эле сөзү, Заир мени сүйөт", - деп болбой койгон, аты Зууракан, ошол Аиданын телефонун таап алып бир күнү чалып калбаспы. Кимдир бирөөгө ички сырын айтып бугун чыгараарын билбей жүргөн Аида кубанып кетип сүйлөшүп калганда ал барам деди дароо эле. Ага дарегин айтып коюп күтүп калды, макулдашып алгансып апасы, эки жеңеси менен эжеси болуп жетип жүгүн алып келип калды, анын артынан эле Зууракан келди. Бекмураттар аларды коноктоп жатканда Заирди көргөн Зууркан Аидага келди:

- Аида, Заир эмнеси болот экен? - деди шыбырай.

- Акеси.

- Ии-ий өлгүрдүкү, анан эмне деди?

- Эмне демек эле, эртең сүйлөшөбүз, - деп Аида ишине алаксып калды, ичкери кирип бара жаткан Зуураканды Заирбек алдынан тозуп алып бош бөлмөгө жетелеп кирди:

- Ээй, сен эмне жинди болдуңбу? - Зууракан чоочулай карады.

- Бул эмне деген спектаклиңер? - деп Заирбек зиркилдеди ага.

- Түшүнбөдүм.

- Менин артымдан түшүп инимди оюнчук кылып алдыңарбы?

- Башты оорутпай ары барчы, сенчелик акмак эмеспиз? - деп Зууракан аны түртүп ийип чыга качты, бирок бүткөн бою калчылдап коркуп калды, түн бир оокумга чейин ар түрдүү тамак жасап сыйлап жеңелерине ичкиликтен куюп жатышты, анан жат-жатка келгенде Зууракан кудагыйлар жаткан бөлмөгө кирип жатып алды. Ал күнү эки курбу сүйлөшө алышкан жок, эртеси коноктор кеткенден кийин Аида үй жыйнап абысындары менен жүрдү:

- Аида, кайним менен кантип таанышып калдың? - деп Айдана сурап калды.

- Кудай табыштырам десе айла жок экен да жеңе.

- Туура, нике кайып деп коюшат го.

- Ооба, минтип баш кошуп да калдык, - Алар сүйлөшүп жатканда Заир балдарын карап арыта турган, - Кайниңиз мени сүйүп калдым деп артымдан эки жыл жүгүрдү, - деп Айданага байкатпай Заирди карады.

- Ошондой, дегеле алган аялдарын жактырчу эмес эле, сенин көзүңдү карайт экен, - деди Айдана эч нерседен капарсыз.

- Сиз сүйүп тийдиңиз беле?

- Ооба, биз дагы сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.

- Акем сизди катуу сүйөбү?

- Менимче сүйөт, - Айдана күйөөсү тарапты карап койду.

- Эмне күмөнүңүз барбы?

- Жо-ок ай, балдарга сүйүүбүз ооп кеткенби дейм да, - Экөө күлүп калышты, өзүнчө туталанып, бирде өңү бозоруп, бирде кызарып тынчы кетип жаткан Заир:

- Айдана, бас кеттик, - деди бир кезде.

- Азыр, жардам берип коеюн.

- Өзү кылып алат.

- Сен балдарды алып кете бер.

- Чогуу эле кетебиз, - деп кайра-кайра кыйкыра берди эле:

- Сиз бара бериңиз, акемдин жини келе баштады, - деп Аида Айданага карап күлүп калды:

- Таарынба эми, мен барбасам болбойт, - деп күйөөсүн карай басты ал, ал күнү аябай кеч бошоду, коңшу-колоңго кешик ооз тийгизип, айылдын ошонусу эле жакшы эмеспи, бири-биринин ысык-суугуна каралашып, жамандык жакшылыгын бирге көтөрүшүп турат. Айылдан айланса болот, өзү район болгону менен айыл эле, баары карапайым, союздун учурунда кандай болсо капитализмге карай кадам таштаган убакта деле көпчүлүктүн эч нерсе менен иши деле жок. Ал эми бийликтегилер, кызматчылар гана убакыттын кай мезгили экенин далилдеп тургандай так талашуу дегени кресло делип өзгөртүлүп айтылып, жаштар телефон көтөрүп бүткүл дүйнөгө кол телефондон байланыша алат. Аида аны узатып кала берди, Зууракан бул учурда Сурма менен маектешип үйдө отурган,

- Кызым, каердин кызы болосуң?

- Кеминден болом эне.

- Ийи жакшы экен, ата-энең барбы?

- Ооба, ата-энем бар, беш бир туугандын кичүүсүмүн.

- Турмушка чыктың беле?

- Ооба, ажырашып кеткем.

- Алда кокуйгун ая, азыркы жаштар эмнеге минтесиңер айланайын, каалаганыңарды кылсаңар боло турган заман, биз илгери окууга барганда же айылга барганда бирибиздин кийимибизди бирибиз кийчүбүз, китеп жок болчу, эптеп сыя челек менен жазат элек, эми баары турат, бактылуусуңар...

- Туура келбей калса айла жок да эне.

- Аның да туура, - Сурма унчукпай калды, Аида кирип дасторкон жайды, баарын алып келип чай сунду, - Келиндер кеттиби балам?

- Ооба кетишти.

- Мейли, алардын да өз оокаттары бар, - деп койду Сурма, бир аз отуруп чай ичкен соң ал чыгып кетти, алар конок бөлмөдө сүйлөшүп жатышты.

- Аида, бул кандайчы? - деди Зууракан ага туюк эле.

- Ошондой досум, өзүң көрүп тургандай.

- Башында билдиң беле?

- Билсем келет белем.

- Заир сага эчтеке деген жокпу?

- Эмне демек эле?

- Жашырба Аида.

- Эмне, бир нерсе байкадыңбы?

- Айтпа, аның жинди го тим эле.

- Саша бирдеме дедиби?

- Эй акмак экен, - Зууракан ага Заирдин кылганын айтты эле ал күлдү:

- Ошондой, мен сага унчукпайт деп ойлогонмун.

- Маняк го мунуң тим эле.

- Кой эми бирөө угат.

- Кантип чыдап жатасың?

- Эмне кылам, чегиңе келсе чекчей дейт го, адеп көргөндө эле кум жутуп алгандай акыбалда калдым, басып да кете албадым, ата-энеме чалып коюшкан эле, аргасыз болоор ишти күтүп ичтен эзилип отурам.

- Бир нерсе ойлоп тап да кетип кал эй.

- Анан ушунун колунан өлөсүңбү?

- Өлтүрбөйт, акыры барып унутат да, - деди Аида ойлуу.

- Мейли өзүң бил дечи, - Зууракан унчукпай калды, - Баса сен экөөбүздү кудайым жазалады окшойт ээ?

- Эмнеге?

- Унутуп калдыңбы?

- Эсимде жок.

- Баягы Алтынайды тою болоордо сен экөөбүз жигитине кат жөнөтүп бузуп койбодук беле, ошондо Алтынай кандай боздоду эле...

- Жинди экенбиз.

- Чынында бири-бирин катуу сүйүшкөн экен, Арзымат кийин аял алып жашай албай кайра эле Алтынайды таап үйлөнүптүр.

- Чын элеби?

- Ооба, кийин курбусу Назирга жолугуп калып ошондо айткан.

- Жиндибиз да, - Аида сумсая карады, - Кана Арзыматтын сени же мени караганы, эмнеге алардын үйлөнгөнүн каалабадык ыя?

- Ошондой Алтынайга эле жинибиз келип ошону кылганбыз да, - Экөө күлүп алды, бир кездеги каталыктарын эстеп алып ичтеринен өкүнүп сыртынан күлгөн болушту. Бул дагы алардын турмушундагы окуялардын бири болчу, экөө тең өткөн окуяны көз алдына келтиришти:

Аида мектепти бүтүп Токонду операция болот дегенде ата-энесине шаарга барып окуйм деп ыйлап жатып баса берген. Окууга тапшырып өтпөй калып иштемек болуп жаңыдан базарга эл көнүп көнө албай шылуундардын заманы болуп турганда эмнеден баштаарын билбей батирге кирип жашап калды. Төрт кыз бирге турчу, бири Зууракан, Алтынай менен Назира болуп бирге жашап калышты, ошол учурда Алтынайдын жигити келип сүйлөшүп жүрөт. Алтынай өзүн өйдө көтөргөн мактанчаак кыз болчу, кээде ал кыздардын жасаган тамагын ичпей мурдун чүйрүп отуруп алчу, жигити келгенди чыгып кетип кеч келчү. Арзымат аябай жакшынакай жигит, аны көрүп Зууракан менен Аида тымызын кызганып жүрүп бир күнү Зууракан экөө сүйлөшүштү:

- Аида, кел Арзыматты бузабыз, - деди Зууракан.

- Кантип, ал бизге ишенеби?

- Ишене турган кылабыз да.

- Ойлоп тап, мен макулмун.

- Эч нерсе билгизбейбиз.

- Сүйлөштүк, - Экөө колдорун уруштура бекемдешти, антип минткиче бир айдай өтүп алар өңүтүн келтире албай жүргөндө Алтынай:

- Кыздар, Арзымат бизге бүгүн келет, мени бир жумадан кийин алып кетмек болду, - деди кубанычтуу.

- Бактылуусуң Алтынай, биз дагы сенин жолуңду жолдоп күйөөгө тийсек гана, - деди Назира.

- Мен бактылуумун, анткени Арзымат экөөбүз үч жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз.

- Бактылуу бол, - деди Зууракан менен Аида дагы, алар кат жазып даярдап коюшкан болчу. Кечке маал Арзымат гүл көтөрүп, шампан менен башка дагы толгон тамак аш менен вино көтөрүп кирип келди.

- Салам кыздар, - Арзымат гүлдү Алтынайга берип бетинен өптү.

- Келиңиз, отуруңуз, - Кыздар даярдаган чакан үстөлгө отуруп бака-шака түшүп жатышты, ошол учурда Зууракан акырын Аидага көзүн кысты эле ал чыгып барып Арзыматтын костюмунун төш чөнтөгүнө катты төрт бүктөп салып коюп кайра келип байкатпай көзүн кысты. Көпкө отуруп анан Арзымат кетмек болгондо Алтынай узатып чыгып кайра келди, кыздар унчукпай жатып калды. Эки күн өткөндө Арзымат келип Алтынайды чакырып калды:

- Мен кеттим кыздар, Арзымат экөөбүз даярданышыбыз керек, - деп Алтынай кубанычтуу чыгып кетти.

- Жолуң болсун, - дешти кыздар артынан, он-он беш мүнөт өтпөй эле Алтынай ыйлап кирип келди, - Ой сага эмне болду? - дешти кыздар ага баары бирдей, Назира эч нерседен кабары жок күйпөлөктөп жатты.

- Эмне болду эми, айтпайсыңбы кишини кыжаалат кылбай.

- Арзыматка мени бирөөлөр бузулган кыз дептир, - Алтынай өпкөлөп жатып айтты, - Мени жамандаптыр!

- Ким, кандай неме айтыптыр?

- Билбейм, сенин мени алдайын деген оюң ишке ашпайт, мени акмак деп ойлодуңбу, ачык айтпайт белең, - деп коюп кетип калды...

- Кимдер айтты экен?

- Эмнеге бузгусу келди? - деп кыздар өздөрүнчө ойлонуп жатышкандай болду, Аида менен Зууракан бири-бирине бармактарын көрсөтө тымызын жылмайышты. Катка: "Арзымат, сен кандай кызга үйлөнгөнү жатканыңды билесиңби, көзүңдү туман басып алдамчы сүйүүгө берилип ким менен жүргөнүңдү да аңдабай калгансың го? Алтынай деген күндө бир эркек менен түндө чыгып кетип эртеси келет. Мен аны жакшы билем, сени аяйм, кыскасы жүзүнө айта албадым кечирим кой досум, көзүңдү чоң ая, бир сойку сага тең эмес", - деп жазылган эле. Арзымат аны төш чөнтөгүнөн эки күндөн кийин таап алып окуп дароо эле Алтынайга келген, ошентип Алтынай көз жашы төгүлгөн бойдон кала берди, Зууракан менен Аида билмексен болуп кала берди, кийин Аида Заир менен таанышып калды аны менен далай жолу кафелерге барып бири-бирин сүйүп жүрүп бир күнү Заир Аиданы кафеге чакырып экөө вино ичишти, көпкө отуруп бир топ кызып калган кызды Заир өзүнүн батирине алып келди. Ошол күнү ал максатына жетти:

- Заир, мени ушул жерден алып кетесиңби? - деди Аида.

- Жо-ок, ата-энеңдин жанына барасың, анан алып кетем.

- Биз шашылган жокпузбу, үйүңө барганда жатсак болмок.

- Эчтеке эмес, мен өзүм турбайынбы, - деп өөп анан жылмая карады, - Эми кетели жаным, мен сабакка барышым керек.

- Кеттик анда, - Аида өзүнүн жоругуна ичи ачышканы менен Заирге ишенип турду, - Кечинде келесиңби?

- Албетте, бирдеме болуп калбаса эле, - Заир кытмыр жылмайды.

- Күтөм...

Экөө эки жакка бөлүнүштү, Аида ошондон кийин Заирди күтө берип азап чекти, бир күнү баягы батирине барса башка балдар бар экен, Заирди сурады эле алар аны тааныбаганын, мурда жашагандар кеткенин айтышты. Көз жашын көлдөтүп батирге келсе Зууракан бар экен.

- Сага эмне болду? - Отурган жеринен тура калды.

- Заир... - Өксөп ыйлап жатты Аида.

- Эмне болуптур ага?

- Таштап кет-ти!

- Эмне? - Зууракан көздөрүн алайтты - Таштаса эмне экен, башка эркектер калбай калыптырбы, башыңды өйдө көтөр, ошол сенин көз жашыңдан айлансын, айтпадым беле сага, Заирге ишенбе деп, - Зууракан безилдеп аны соорото албай жатты.

- Зууракан, мен аны менен жатып койгонмун да.

- Эмне?! - Аны алая карап калды, - Жинди болбочу, мен жаңылыш уктумбу?

- Жо-ок чын, мен ага өзүм каршы болгон эмесмин, мени сүйөт деп ойлодум да...

- Жинди! - деп алды Зууракан айласы түгөнгөндөй.

- Ооба, мени уруш, ур саба Зууракан, мен эми кантем? - Аида үңүлдөп ыйлап жатты.

- Болду токтот! - деп Зууракан ага өктөм сүйлөдү, - Тигил кыздар келгенче өзүңдү ирээтке келтирип ал, алар эчтеке билбесин, - Бул анын буйругу эле.

- Макул, - Аида туруп бети колун жууп келип өзүн ирээтке келтирип, жүзүнө крем менен пудра жаап отуруп калды. Алар сүйлөшүп отурганда Назира, андан кийин Алтынай келди, алар студент эле, каникулга чыгып үйлөрүнө кетип жатышкан болчу.

- Кызда-ар, - деди Назира, - Эми күздө келгенге чейин жакшы тургула, силер башкаларды кошуп аласыңар да, жакшы иштегиле, биз эртең жолго чыгабыз.

- Ооба, эртең кетип жатабыз, силердин ишиңерге ийгилик, балким дагы кезигербиз, - деди Алтынай, ал жигити таштап кеткенден бери абдан суз болуп эч ким менен дагы сүйлөшпөй жаман абалда жүргөн болчу, азыр аны көрүп туруп Аида өзүнөн-өзү уялып кетти: "Мен неге бирөөнүн бактысын көрө албай койдум, мен, биз болбосок Алтынай азыр бактылуу болмок, мени кудай жазалады, бирөөгө ор казсаң кенен каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн деген чын тура, жаштык кылдымбы, жамандыгымбы кечир кудайым", - деп Аида мостоюп отурганы көз алдына келди...

- Кандай Зууракан, зерикпедиңби? - деп Алишер түшкү тамакка келип калды.

- Жо-ок, Аиданын колу эми гана бошоду, - Зууракан күлө карады.

- Мен силер үчүн келдим, кийингиле, биздин ресторандан бир тамактаналы, - деп Алишер Аиданы карады.

- Тамак даяр эмес беле?

- Мейли, атамдар иче беришсин.

- Анда мен атамдарга берип коеюн, - Аида кайнене-кайнатасына дасторкон жайып тамакты алдына коюп берди, - Апа, Алишер бир жака барып келели дейт.

- Мейли балам, барсаңар барып келгиле, - деди Сурма.

- Бат эле келебиз, - деп чыгып кийинип Зууракан үчөө унаага отуруп райондун орто жеринде орун алган чакан ашканага киришти, бул мурда ресторан болчу, райондун ар кайсы совхоздорунан келген чоңдор менен райкомдо иштегендер ушул жерден тамактанышчы, союз тарагандан кийин бир мыкчегери сатып алып иштетип жаткан. Алар ал жерге келип орун алышкан соң тамакка буйрук берди, андан кийин Алишер экөөнө карап:

- Зууракан, эми өзүң түшүнөсүң да, кары кишилердин көзүнчө жакшылап сыйлай албадык, капа болбо, - деп ичкилик буйрук кылды.

- Койчу Алишер, жакшы эле сыйладыңар, ата-энең жакшы кишилер экен, мага аябай жакты, - Зууракан күлүп калды, - Алишер бир жомок айтып берейинби?

- Ушул жерденби? - Алишер дагы күлдү.

- Эмне жомок экен? - Аида курбусуна ымдады: "Эмнени айтканы жатасың", - деген көз карашын түшүндү: "Коркпо, Алишердин сени канчалык сүйөөрүн текшерип көрөйүн", - деген жоопту көрдү Аида.

- Бир адамдын эки уулу болуптур, бири өтө эле акылсыз, кыз-келиндерди жоолуктай алмаштырган жеңил аяк экен, улуусу токтоо, ата-энесин сыйлаган адамгерчиликтүү жигит экен, ошол бир кызды сүйүп калат, ал абдан оор, кабагы ачылбаганы менен сулуу кыз экен, ал кызга жолугуп сүйөөрүн айтыптыр. Анда тигил кыз, мен сизге тең эмесмин, мен сактаган асыл нерсемди алдырып ийгенмин дейт, жигит ойлонуп туруп: "Ошол эле болсо менин сүйүүм аны жеңе алат", - дегенде кыз кайра: "Жаңыласыз, чындыкты укканда артыңызды карабай качаарсыз", - дейт күлүп: "Менин ызам, жүрөгүмдү өйүгөн оорум айыга элек, сиздин аңко иниңиз мени жолдон кармап алып айбанча тебелеп тепсеп соолуган гүлдөй кылды", - деген экен, анын жообу жок болуп жигит басып кетиптир, бир ай өткөндө баягы жигит келип: "Мен барын кайылмын, сен макул болсоң болду, мен сени сүйөм", - деп болбой кызды алып кетиптир...

- Кызык экен, жигит чын эле сүйгөн экен да, - деди Алишер.

- Эгерде сенин башыңа ушундай нерсе келсе кандай кылаар элең? - деди Зууракан.

- Андай болушу мүмкүн эмес, мен эми Аидадан башканы сүйө албайм, - деди Алишер.

- Эми кээде ушундайлар дагы кездешип калат тура, бирок адам туура чечим чыгаруудан жаңылбаса гана өз максатына жетет.

- Албетте, болушу да мүмкүн, - Алишер эки келинди жылмая карады, - Эмесе келгиле тамакка карайлы, - деп күлүп шараптан ичип үчөө кечке маал үйгө келсе Заир кызуу болуп отуруптур, ал тигилерди бир карап Алишерге.

- Иним, мен сага абдан нааразымын, - деди.

- Эмнеге аке?

- Аялыңды ээрчитип алып кемпир-чалга карабай жүрө бересиңби ыя?

- Аялым менен басам болбойбу, бул эмне дегениңиз?

- Болбойт, мунуң келгенде эле мага жаккан эмес, башка катын алып берем, аны тигил досуна кошуп кетир! - деди Заир, ошол убакта сурма үйдөн чыга калды:

- Ай балам, эмне деп жатасың, бар үйүңө бар - деди ачуусу келе.

- Апа, балаңа айтпайсыңбы, кайдагы бирөөнү алып келип албай бияктагы кыз-келиндер толуп жатпайбы! - дегенде Аида үйдөн угуп турду, Сурма аны жетелеп дарбазадан чыгарып келди, - Апа, ал келиниң болбойт, кетирип жибергиле, - деди да үйүн көздөй басты.

- Акем эмне дейт? - деди Аида билмексенге сала.

- Көңүл бурба, сүйлөй беришет, алар тапкан кызды албаганыма жини келип жүрөт, - деп койду Алишер, ошонун эртеси Зуураканды таксиге салмак болуп аялдамага келди Аида:

- Зуураш, мен корком, ачык билинип калса кантем?

- Өзү айта албайт коркпо, болгону сени кетириштин аракетин жасашы мүмкүн.

- Бул мени жөн койбойт, өз абийири үчүн ачык айтпайт, бирок ар кандайга барышы турган иш, мени көргөндөн бери түрү бузулду да калды.

- Сен аны көңүлүңө алба, кайната-кайненең, күйөөң турбайбы, эчтеке кыла албайт, макул сүйлөшүп турабыз, - деп Зууракан жолуна түштү, такси жүрүп кеткенден кийин гана Аида үйгө жөнөдү, Сурма ага үндөгөн жок, анткени Аида кирип келе жатканда Заир үйдөн чыккан, апасы артынан кошо чыкканынан улам ал эчтеке дебей басып кетти, ага Аиданы бузулган кыз деп көп сөздөрдү айткан эле.

- Кеттиби балам? - деди аста гана.

- Ооба кетти апа.

- Дурус келин экен бечара.

- Ии-ий, - деп коюп өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип халатын кийип кайра чыкты.

- Аида, отурчу балам, - деп ага жанын көрсөттү Сурма.

- Эмне болду апа?

- Отур, сүйлөшчү сөз бар, - дегенде Аиданын жүрөгү болк этип алды: "Шүмшүк, өз күнөөсүн билбей мени шыбаган экен", - деп алды Аида, кымырына отуруп сөз күтүп карап калды, - Балам, мен сенден бир ооз эле кеп сурайм, ачык айт, чындыкты айт,

- Болуптур апа.

- Мурда кайда иштедиң эле, Алишерди кантип тапкансың?

- Апа, мен адеп шаарга барганда базарда соода жасап жүргөнмүн.

- Алишерди кайдан көрүп таанышып калдың?

- Бирге жашаган кыз экөөбүз... - Аида такала кайра сөзүн оңдоду, - Бирге жашаган кыздын жигит менен чогуу келип калды, ошондо таанышканбыз.

- Сен калп айттың балам, мейли бара бер, - деди Сурма экзамен алган мугалимдей аны карап, анын кабагы бүркөө, катуу да айтпады, сыртка чыгып жумуш жасап жүргөн Аида: "Шүмшүк десе, бирдемени калп айтып кеткен экен, Алишерден дагы сурайт, мейли сураса ал деле ошону айтат да, бирок ага дагы ишенбейт эми, баары бир булар кодулап калды", - деп кыжаалат болгон Аида ыйлагысы келип блокнотун алып болгонун болгондой кылып жазып коюп өз ишин жасап жүрө берди. Кечке маал Алишер жумуштан келгенде сурма аны дагы өзүнө чакырып алды, Бекмурат сыртта жүргөн.

- Алишер, сен мага сураган суроомо түз, чындыкты айт, - деди акырын.

- Апа, бул эмне деген сөзүңүз, эмне болуп кетти?

- Аиданы кайдан жолуктургансың, кантип табышып калдыңар эле?

- Апа, кызыксыз го, кадимкидей эле таанышып калганбыз, - Күлө карады.

- Кыйшаңдабай түз жооп бер.

- Сиз экзамен ала тургандай сурадыңыз го?

- Ошондой, мааниси чоң.

- Болуптур, аны базарда соода кылып чогуу жашаган кыздын жигити аркылуу таанышкам, эмне болуптур?

- Эчтеке, башка эчтекесин билбейсиңби?

- Жок, жакшынакай эле соода жасаган кыз болчу.

- Ма-акул, бар эми, - деп койду, Бекмурат кирди.

- Келдиңби балам, ишиң кандай?

- Жакшы ата, бирок үйдөгү текшерүү жакпай турат.

- Эмне болду?

- Апам да, - деп коюп өз бөлмөсүнө кирип кийим алмаштырды, Аида кечки тамакты жасап болуп алып келди, чогуу тамактанышып болуп Аида идиш аягын жууп тазалап анан үй жыйып, кайната-кайненесинин орунун салып берип анан жатты, аны Алишер тозуп алды.

- Сен жата элесиңби?

- Сени күттүм.

- Чарчагандырсың.

- Кабырга сөгүлгүдөй жумуш эмес да, сен чарчаган жоксуңбу?

- Жо-ок, көнгөн иш да, аялдардын кылаар жумушу, - Аида күлүп койду.

- Апам сага эчтеке деген жокпу?

- Жо-ок, жөн эле экзамен алды.

- Эмне деп?

- Сени менен кантип таанышканымды сурады.

- кызык, ал эмнеге антип жатат, бирөө жарым бирдеме десе керек.

- Ким билсин, балким агаң бирдеме дегендир, бая күнү ызырынып кетир деп жаткан.

- Ал кызуу болчу, айта берет да.

- Мейли, эмне болсо дагы көрөөрбүз, жатып уктай бер, - Аида аны токтоо карап жооткотуп койду, - Кары киши сураса сурап койгондур.

- Мейли, сен дагы капаланба, - деп экөө кучакташып жатып калышты, эртеси Алишер жумушка кеткенден кийин Сурма колуна бир кат алып алыптыр:

- Мына муну окучу балам, - деди дагы эле жумшак сүйлөп.

- Эмне экен апа? - Корккондой кагазды колуна алды, кайненесин бир карап алып окуй баштады: "Салам Айнура, кандай жүрөсүң? Мен сени сагындым, сен абдан кылыктуу элең, күйөөгө тийип кеткениң өкүнүчтүү, азыр сойкуларга барганда сени көп эстейм, азыр кайдасың Аида, мүмкүн болсо жолугушуп турбайлыбы, кылыгыңды аябай сагындым, баягыда боюңа болгон менин баламды алдырып коюпсуң, аны кийин уктум Аида. Кел кайрадан жолугуп туралы, катты алсаң жооп жаз, телефон номериңди бирге жаз, мен сага төп келип жүргөн кардарыңмын, өзүм жолугам", - деп жазыптыр, - Муну ким берди? - деди Аида кайненесине.

- Аны Заирге бирөө берип ийиптир.

- Калп, ошонун көзүнүн кылганы!

- Ой келин, ал кантип эле өзүнүн келинине кара санасын?

- Жо-ок, ошонун эле колунан келди, - деп ыйлап үйгө кирип кетти, анан ал бир нерсени ойлоп тапты: "Сен менин тынч жашаганымды каалабасаң сенин дагы үйүңдү бузам", - деп мисирейе көпкө отурду, анан эки-үч баракка: "Заир, мен сени сүйөм деп качанга чейин алдайсың, аялым менен ажырашам дебедиң беле? Жамийла", - деп жазды: "Заир, балаң чоңоюп бара жатат, атаң жок деп айтып чоңойто берейинби", " Мени аялыңдай сүйсөң калп айтып эмдигиче аялыңдын жанында жүрбөйт элең, же биротоло келгенге даярсыңбы, баягы сен алып берген үйдөмүн, келсең ошол үйдөн табасың", - деп жазып алып чөнтөгүнө салып алды.

- Аида, кеткиң келбесе Алишерге катты берейин, - деп Сурма баш бакты.

- Мейли, бере бериңиз апа, сиз ушунча жашап билбесеңиз мен жакшы билем, бир бузукунун эле кылган иши, - деди мостое.

- Мен деле жакшы келинге жолуктум эле деп кубанып жүрдүм эле, бул кат менин ичимди муздатты балам.

- Апа, - деди Аида туруп келип, - Сиз энесиз, менин айтканымды бирөөнүн айыпсыз кызынын зары, эненин күйгөндөгү ачуу сөзү, аялдын кордолгонуна ызаланган арманы деп билиңиз, - деди да Сурманы ичке алып кирип: "Эмне болсо ошол болсун, жок дегенде энеси эмеспи, ачык айтып кетейин", - деп ойлонуп, - Ооба мен кетем апа, адегенде мени угуп коюңуз. Бул иш жети жыл мурун болгон эле, - деп улутунуп алды, - Мен дагы эл катары окуйм деп ата-энемди кыйнап шаарга окууга тапшырдым, өтпөй калып соода жасамак болуп калдым, ошондо Заир менен таанышып калдым...

Аида баарын айтып келип, - Заирдин иши жүрсө дагы өргө чаппасын, өмүрү узун болсо да көңүлү эчтекеге толбосун, кыздуу болсо кызы бак таппай мендей болуп калсын, ылайым үй-бүлөөсүнөн ажырап бир туугандарынын эшигин сагалап жүрүп өтсүн! - дегенде эси оой сөз таппай калган Сурма:

- Ай-ай келин, кой антпе, - деди зорго.

- Сиздерге, Алишерге ыраазымын, эми биерде кала албайм, - деди да чемоданын көтөрүп чыгып кетти, Сурма делдээ эмне болуп кеткенине көзү жетпей калдастап калды, жүгүргөн менен жетмек эмес, күйөөсүн көрүп колун жаңсай келини кетип бара жатканын билдирип:

- Алишерге айт, аялың кетип калды де, - деди да шалак этип отуруп калды.

- Ой келин кайда кетти эле? - деди Бекмурат келип.

- Билбейм, кетем деп кетти...

- Алоо Алишер, Аида кийимин көтөрүп кетип калды, тез аялдамага барчы, - деп Бекмурат уулуна чалды да кемпиринин жанына келип отурду, - Бирдеме деп койсоң керек ээ кемпир, балдардын жашоосуна киришпей койбойт белең.

- Ошондой болуп калды чал, сүйлөгөндө жаман айтпадым.

- Эми Алишерге эмне дейсиң?

- Билбейм.

- Мейли эми жетсе алып келээр...

- Балдар ай балдар, мынчалык болбосо эмне, аттиң баланын кыял жоругу өзү менен кошо төрөлүп кошо кетет экен го, тарбиялаганга болбосо кантели, - деп айласы куруй үйгө карай басты, ошол учурда Алишер Одиссейи менен келип калды:

- Эмне болду апа?

- Кетти уулум.

- Кызык, эмнеге кетет, эмне дедиңиз эле апа?

- Мааниси оо тереңде экен балам.

- Эмне, кандай мааниси?

- Сенин кимдин баласы экениңди, бир туугандарың жөнүндө сурады беле?

- Ким?

- Аида, сени менен таанышканда Заир деген агам бар дедиң беле?

- Сураган эмес, эмнеге сурадыңыз апа?

- Отур, - деп Сурма уулуна токтоо, - Мен сага айтып берейин.

- Меен Аиданын артынан барып таап келейин апа, телефонун албай жатат, - деп Алишер апасынын сөзүн укпай машинага отура бергенде Аида кат жөнөтүптүр телефонуна. Караса: "Мени кечир, мындай болоорун билгеним жок эле, бирок келгендин эртеси эле сени менен түбөлүк кала албасымды билгем, тырыштым аракет кылдым, бирок болбоду, тагдырыма ушундай жазылыптыр, жашымда тагдырымды талкалаган адам эми бактымды ажыратты, аны кудайга койдум, кош бол Алишер, сени менен бетме-бет коштошо албайм", - деп жазыптыр. Алишер ал күнү үйүнө кеч келди. Кызуу, ата-эне аны уктабай күтүп жаткан, өз бөлмөсүнө өтүп кетип жазып алды, эртеси жумушуна барбай үйдөн чыкпай жатып алды эле Бекмурат аны ойготмок болуп кирсе көзүн ачып жатыптыр:

- Балам жумушуңдан кечиктиң, - деди ал.

- Барбайм.

- Эмнеге, иштегениңе аз эле болбодубу?

- Тынч иштеш үчүн тынч үй-бүлөө керек ата.

- Эми келин ачуусу менен кетсе кайра келет, кайда бармак эле балам.

- Кандай себеп менен кеткенин билсем болот эле жок дегенде.

- Эмне себеп болмок эле, болбогон нерсеге таарынса керек, туруп тамагыңды ич, жумушуңа бар, - деп Бекмурат чыгып кетип калды. Алишер туруп кийимин кийинип жатып чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагаз таап алды, атайын салып койгонун дароо сезди Алишер, шашыла ачып окуп кирди: "Алишер, эгерде сенин бир тууганың Заир экенин билгенимде сенден эбак караанымды үзмөкмүн, аттиң билбей кылып көзүмдү кара басты... Сага башынан айтып берейин... Ооба ошондой болду, мен ишенип бүт тулкумду, жан дүйнөмдү арнаган адам менин мөлтүр булактай тазалыгымды булгап ылайланган чалчык сууга айландырып басып кетти, өксүдүм арман кылдым, андан кийинкисин билесиң, анда бир сындым, эмнеге эле тагдырым сенин айланаңда байланып калганын билбейм. Мени Заир агаң жактырбады, менден ала элек өчү бардай сен жокто мени кет деп опузалады, мен өзүнө жараша жооп кылым, менин айбым жок, өзүңдүкү кошо төгүлөт деп койгонмун. Эми ал башка жол менен өчүн алмак болуп ар кимге кат жаздырып апама бериптир, ал мени сени дагы сурады, бирок мени кетүүгө аргасыз кылды. Алишер мен сени менен коштошо албайм, аман бол, сени жанындай жакшы көргөн Аида", - деп жазыптыр. Агасына жини келди, азыр эле жетип барып каалагандай жанчып салгысы келди, Аиданы күнөөлөй албады, болгону ачык айтып койбогонуна жини келди. Жумушуна барып арыз жазып коюп баса берди: "Мен бул жерде жашай албайм, Аиданы табышым керек, аны мен бактылуу кыламын", - деп ойлонуп кайра бөлмөсүнө кирип кетти. Бекмурат менен Сурма ошонун айынан чукулдашып кетчү болду, Алишер эчтеке ичпейт, алар менен сүйлөшпөйт.

- Бу бала эмне болот эми? - деди бир күнү Бекмурат.

- Билбейм, өзүмдү күнөөлүү сезип мен дагы куурадым.

- Бирдеме ичип ал десең боло.

- Сен айтып келчи, - Кемпир чал бири-бирин көндүрө албай жатканда Заир келип калды.

- Кандайсыңар ата?

- Жакшы эле, кел балам.

- Балаң эмнеге ишине барбай жатат?

- Аны эмне кыласың, бар үйүңө, - деди Сурма ачуусу келе.

- Эмне мени кекетесиң? - деди орой Заир, ошол убакта Алишер чыга калды, анын көзүндө агасына ачуусу келип турганы сезилип турган эле, ата-эне чоочуп кетти.

- Жүрү сүйлөшөбүз, - деп Заирди ээрчитип алып сыртка алып чыгып кетти, алар ээрчишип парк жакка барды, - Биз ушундай кырдаалга туш келдик аке, - Алишер агасын карап алып Зууракандын сөзүн эстеди: "Демек мен дагы бир чечимге келишип керек, Аиданын күнөөсү жок, ал жөн гана курмандык болгон", - деп ойлонуп, - Өзүңдөн өткөн күнөөнү сезбей, уялып калбай менин жашоомду бузганга кантип дитиң барбы? - деди оор күрсүнө.

- Эмне деп жатасың, мен эмне кылдым?

- Муну окуп көр түшүнөсүң.

- Эмне экен? - деп катты окуп анан башын жерге салып унчукпай отуруп калды.

- Буга эмне дейсиң? - деди Алишер.

- Жаңылыштык кетти иним...

- Эми биз бир тууган болсок дагы бир туугандай боло албайбыз, - деди ордунан туруп.

- Алишер кечир мени, мен билинип калабы деп анын сени менен жашаганына каршы болдум эле, кечир мени, андай кылып жазалаба иним.

- Болоор иш болуп боесу канган соң бүттү, эмнеге өз жашооң менен болуп кала бербедиң? - Алишер кайрыла калды, - Менин жашоомду ойлогон жоксуңбу?

- Кечир, мен силерге киришпейм, жаштыгымда жаңылышканмын, менин жашоомо кедерги болобу деп ойлодум...

- Эми мен шаарга кетем, Аидада эмне күнөө, жөн гана сенин курмандыгың болгон, анын дагы бактылуу болууга акысы бар, же сени ал зордоду беле?

- Жок-жок, чынында күнөө менден кеткен, - деп Заир далбастады. Алишер анын сөзүнө кулак салбай басып кетти, ал үйгө келгенде тынчы кетип санаага баткан ата-энеси жол карап: "Бир балээнин ичинен чыкпаса экен", - деп отурушкан эле.

- Жайчылыкпы балам?

- Жай эле, коркпой эле гой, урушкан жокпуз.

- Ошондой эле болсун.

- Апа, мен эртең жумуштан эсептешип алып шаарга кетем.

- Эмне дейт кокуй, шаарга эмне бар? - Сурма үрпөңдөй карады.

- Бул жерде калуунун кажети жок, - деп ички бөлмөгө кирип кетти, андан кийин эч кимиси унчукпады, Бекмурат анын артынан кирип диванга отурду:

- Балам, бул чечимиңди туура деп ойлойсуңбу?

- Ооба ата, акыркы чечимим.

- Биз картайдык, сен шаарга кетсең кандай болот, апаң дагы картайды, келин жумшап кызмат көрсө болот эле го?

- Өзү кылды, баласына кошулбай тим койбойт беле?

- Эми карыган неме бир туугандарды урушпасын деген го...

- Мен урушмак эмесмин, туура чечим чыгарууга аракет кылат элем ата.

- Туура, ойлонуп көп, келинди деле кааласаң апаң барып алып келсин, бизди ая уулум.

- Мейли, ойлоноюн ата, силерди кантип кыймак элем.

- Ыраазымын балам, эмесе эс ала бер, - деп Бекмурат бөлмөдөн чыкты, Алишер Аидага телефон чалса албады, анан: "Аида, мында сенин айыбың жок, мен сени менен түбөлүккө бирге болууга убада берем, атаңдарга билгизбей тур, биз жолугалы Аида", - деп кат жазды, жооп болбоду: "Эгерде мени сүйсөң жооп бер, биз бактылуу болобуз жаным, жолугууга макул бол", - деп дагы жөнөттү. Акырында: "Суранам, мени менен жашагың келбесе ачык айт, ата-энеңе өзүм барып айтып коеюн, болбосо сени менден көрүп жүрбөсүн", - дегенде жооп келди: "Алишер, мени менен эми кантип жашамак элең, мен сенин агаң экенин билгенде кетип калайын деп сени кыйбай туруп калганмын, болгон нерсени өткөн деп эсептей аласыңбы?", - деп жооп келди: "Өткөн нерсени эскирген кийимдей өрттөп салууга неге болбосун, мен сени күнөөлөөгө акым жок, мен үчүн өмүрлүк жарым бойдон калышыңды каалайм, кааласаң касам ичип ант берейин", - деди Алишер: "Мен эч жакка кеткен жокмун, акемдердин үйүндөмүн", - деп жөнөткөндө Алишер ыргып турду, эми жатканы жатышкан ата-энеси:

- Ата, мен Аидага кеттим, - дегенде Сурма.

- Ботом караңгыдабы? - деди башын көтөрө.

- Ооба, - деп коюп чыгып кетти, Аида таксиге түшүп кеткени жатканда абысыны Гүлгаакы көрүп калып болбой үйүнө алып баса берген. Райондун четиндеги айылда турушат, машинасын айдап алып жетип барды, Закир менен Гүлгаакы аларды уруша кеткен экен деп ойлоп калган, атайын телефонун алдырбай, жооп бердирбей өздөрү да барбай сынып жаткан болчу. Инисин көргөн Закир:

- Түндөп кайдан? - деди сынай карап.

- Аидага келдим аке.

- Ал каякта эле? - Билмексен боло сурады.

- Ал ушул жерде экен го? - деп башын кашыды.

- Аялды таарынткан кандай болот экен?

- Мен таарынткан эмесмин.

- Ким таарынтты анан?

- Апам...

- Ошондойбу? - деди да үйгө ээрчитип кирди, Аиданы Алишер алып кетти, экөө ээн талаага келип токтошту.

- Аида, мага катуу таарындыңбы?

- Жок, өз тагдырыма, кайда барсам ээрчип алган азапка.

- Антпе, мен сени бактылуу кылам, ишен мага.

- Сага ишенем, атамдардын жүзүн кантип карайм.

- Алар эчтеке дебейт, сенде күнөө жок Аида.

- Анда кимде, качан болсо бет алдымдан качкан нерсем жүз берет.

- Мындан кийин эч качан көзүңдөн жаш агызбайм, - деп Алишер аялын кучактап алып көпкө отурду, - Менин бир тууганым ооруткан жүрөгүңдүн жарасын мен айыктырам, ошондой бир тууганым үчүн уялам.

- Бул сөзүң менен кайталана берчү драманы эстетип жатасың.

- Жок, мен сени өмүр бою капа кылбайм, кеттик жаным.

- Сен каалагандай болсун.

- Кеттик анда, - Унаасын ордунан жылдырды, алар келгенде кемпир чал уктай элек болчу, экөөнү көрүп кубанып кеткен Сурма далбастан чыныга суу алып чыгып аларга айлантып чачып:

- Балакеттин баары ушуну менен кетсин, киргиле балдарым, - деп шашкалактап үйгө киргизди, - Айланайындар ынтымактуу болгула, картаң кишинин сүйлөгөнүн көөнүңөргө албагыла балдар, канча күнүбүз калды ким билет?

- Апа, антип айтпаңызчы, карысы жок үйдүн калысы жок дейт эмеспи, сиздер бар биздин ырысыбыз бар, болбогонго жеңилдик кылып кетип калганыма капа болбоңуз апа, мени кечиргиле, - Аида ыйламсырай карады, - Кечириңиздер мени.

- Кой садага, кечирим сурабай эле гой, уулум менен эле бактылуу болсоңор болду.

- Мейли апа, жатып эс алгыла, - деди Алишер.

- Капырай чай-пай ичип алсаңар боло?

- Гүлгаакы жеңем келинин ачка койгон эместир, - деп күлүп Аиданы жетелеп өз бөлмөсүнө кирип кетти Алишер.

- Гүлгаакы дейби, ботом ал кайдан жүрөт? - деп өзүнчө күңкүлдөй күйөөсүнүн үстүнө кирди.

- Келиштиби кемпир?

- Ооба, алыс кеткен эмес го?

- Мейли, балаң жинди болуп кетет беле, берки аялдарына мындай карачу эмес эле, - деди Бекмурат.

- Тим кой, жашай берсин, Аида жакшы эле келин, - деп Сурма дагы ордуна жатып калды, алар эмне демек, кандай ата-эне болбосун балдарынын түтүнү чыгып, үй-бүлөөсү чайпалбай бактылуу болсун, очор-бачар болуп жашасын дешет эмеспи. Булар дагы үч баласын өз-өз турмушунда тынч жашап бактылуу болсо дешет, айрыкча Алишердин отуз бешке чыкканча балалуу боло элегине кыжаалат болуп жүрүшкөн.

Эртеси таң атканда Закир менен Гүлгаакы келип калышты, жаңы эле туруп таңкы чайын ичкени жатышкан.

- Кандай ата. Апа жатасыңарбы жакшы?

- Кудайга шүгүр, келгиле балдар.

- Келдик, - Закир апасына бурулду, - Апа, келиниңе жакшы карап жатасыңбы?

- Капырай, ал эмне дегениң, карабаганда эмне...

- Карыганда балдарга жаман көрүнбөгүлө апа, Аида эки күн биздикинде болду, кийин дагы бир сөз чыкпасын.

- Кандай сөз чыкмак эле, жакшы эле...

- Иши кылса Аида бул үйгө келдиби, кетти деп укпайын, - деди Закир.

- Кетпейт ботом, каякка бармак эле? - деп Сурма баласына сөз кайтара албай калды.

Ошентип мамыры жумуру болуп эчтеке болбогондой жашап жатышты, Заир ата-энесинин үйүнө келе албай калды, Айдана эчтекеден капарсыз келип-кетип турат, алардын үйүндө күндө уруш талаш болуп Заир ичкиликке ооп бара жатты, ишин дагы таштады, Айдана аны ичпе десе болбоду, акыры жүрүп эки баласын алып төркүнүнө кетип калды, улуусу биринчи класска окуп калган. Заир жалгыз үйүндө калганда Бекмурат барып далай жолу акыл насаат айтты, бирок ага болбоду, адам катарынан чыгып калды. Сурма ага жүрөгү ооруп Аиданын каргышын эстеп: "Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт дечү эле, айыпсыздын айтканы текке кетпеди, Айдананы эптеп алып келейин ал дагы кыз төрөптүр", - деп ойлонуп күндө тамак жеткирип барып турат...

Нуржамал сакайып чыкканча Арсен тынбай барып, жайдын толук убагы болгондуктан күндө гүл көтөрүп келип жанында болот. Бара-бара Нуржамал ага көнө баштады, Арсен экөө телефондон дагы сүйлөшүп турушат, чыгаар күнү аны өзү жеткирип келди, окууга бара албай калды. Ошол жылы Арсен эч жакка барбады, Нуржамал сабакты да уланткан жок, ал үйдө жатып: "Арген өзү агасына тапшырып кеткен тура, мен жашабай жатып сүйүп да, арманга батып да көрдүм, тагдырыма жазса аргам канча, балким Арсен менен бактылуу болоормун, ал мени иниси үчүн эле аяп жүрөбү же сүйөбү, анда менчи, мен кайра аны сүйүп калышым мүмкүн эмес, аны көргөндө Аргенди көргөндөй болуп кантип жашайм", - деп ойлонуп отурганда Акылай келип калды:

- Кандайсың Нуржамал? - Өбүшө учурашты.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Окуп жатам, баары салам айтышты, сен эми окууну улантасыңбы?

- Бара албайм го, врач тынч жат, көп ойлонбо деди.

- Анда өзүңдү жакшы кара, - Ошол учурда Нуржамалдын телефону чырылдап калды, - Ал телефонуңду.

- Алоо, жакшы жатам, мейли, сенби макул өзүң бил, - деп өчүрдү Нуржамал.

- Ким?

- Арсен.

- Ай кудай ай, деги бири жоголсо бири табылып сени эле кыйнады...

- Эмне кылам, бул менин тагдырым...

- Чоң энедей болуп сүйлөгөнүн, сен эми гана он жетиге карадың Нуржамал, али дагы канча адамды жолуктурасың?

- Мен тагдырымдан кача аламбы, жашымда азап мени чулгап алды Акылай.

- Баары өз колуңда, жакшы нерсени ойлон, жаманды такыр жолотпо, көрөсүң го баары өз ордуна келет, - деп Акылай тызылдап курбусуна жан тартып жатты, чынында ал өзү Арсенди сүйүп калып экөөнү чогуу көргүсү келбей: "Эмнеге мындай болот, эгиз болсо эмне экен, булар бирге болуусу мүмкүн эмес, эч качан, эч качан бирге болбойт, Нуржамал аны сүйбөйт, жөн гана кайгысын унуткуча алаксып жатат, мен буларды жолуктурбоого аракет кылуум керек", - деп ойлонуп жатты. Ошондон бир ай өтүп күркүрөгөн күз келип мал семирип, мөмөм жемиш көздүн жоосун алып бышып калганда Нуржамалга куда түшүп келип калышты, Кайдулат иниси Калмурат менен Касиет болуп келишти, Бурул эмне дээрин билбей Сагынбекти карады, ал өз бир тууганын чакыртты, ошондо Кайдулат сөз баштады:

- Сагынбек иним, кыз бар үйгө жуучу келет деген, өткөндү козгобойлу, эми Арсенге ыраазылык бергиле макул десеңер салт-санаа менен келип кызга сөйкө салып кетели.

- Азыр кыз жаш, - деди Сагынбек, - Өзүңүздөр билесиздер, кызга оңой болгон жок, көп азап чекти, али стресстен чыга элек.

- Билип турабыз, жаш немеге катуу тийди, бирок ал балам агасына тапшырып кетиптир, өзүнүн адам болбосун сезген кезде, аманатты аткарбасак арбак алдында карыздар болуп калабыз, - деди Кайдулат үнү каргылдана.

- Азырынча кое туралы, Нуржамал акыл-эсин топтоп алсын, - деди Бурул башка сөз таппай.

- Кызды көрөлү, өзүнөн сурайлы, - деди Калмурат.

- Ооба, биз Нуржамал менен дагы сүйлөшөлү, кандай дээр экен, ошого жараша иш кылалы, ата-бабанын салтынан аттап кете албайбыз, - деди Касиет.

- Мейли, кыз өзү жооп берсин, - деди Сагынбек Бурулга кайрылып, ал туруп барып Нуржамалга карады.

- Бала болуп туруп кайдагы бир сүйүү деген дартка кабылдың эле, эми өзүң жооп бер, сөйкө салалы деп жатышат, - деди капалуу.

- Апа, сүйсө болбойбу, мен ушундай сүйүүгө кабылганым үчүн бактылуумун, Арсен жаман бала эмес, мен макулмун, - дегенде Бурулдун көздөрү алайды, бирок кызы кечээ жакында эле ооруканадан чыкканын эстеп катуу айта албады:

- Кийинип чык. Өз тагдырыңды өзүң чечет экенсиң, - деди да кийимин алып берди, - Улуу кишилер бар экен, көйнөк кийип ал.

- Макул апа, - Нуржамал арыдан бери кийине калып, чечин артына түйүп апасынын артынан басты, алар отурган бөлмөнүн эшигине келгенде жүрөгү лакылдап колдору калтырап кетти, Бурул эшикти ачып ээрчитип кирди. Кайдулат аны көрүп: "Уулум сүйсө сүйгөнгө арзый турган кыз тура бечара", - деп бир карап алып:

- Отур кызым, - деди.

- Кана кызым, - Сагынбек Нуржамалга кайрылды, - Аксакалдар жооп күтүп калышты, Арсенге макулсуңбу?

- Аке, апа, улуу кишилер айтып жатса эмне демек элем, жаштыгым менен туура эмес кылсам кечириңиздер, - деди үнүн дирилдеп колдору калтырай, - Менден кеп-кеңеш сураганыңыздар үчүн рахмат, кандай чечсеңиздер каршы эмесмин.

- Нуржамал, - деп Бурул анын түрүн байкап кармай калды, анан бөлмөдөн алып чыгып кетти.

- Эмесе кыз макул, кийинки бейшембиде келип сөйкө салып кетели, ошондо алып кетээрибизди чечбиз, силерге рахмат, Нуржамалдай кызды тарбиялап өстүргөнүңөргө, - деп Кайдулат айтканда беркилер кубаттады, дасторконго бата кылып үйдөн чыгышты. Нуржамал көптө барып дары ичкен соң эс ала түштү, андан кабатыр болгон Бурул бөлмөгө кирди.

- Эс алдыңбы кызым?

- Ооба апа, жакшы элемин.

- Эмитен эрге тийип кереги эмне кызым, окуп чокуп ойноп күлүп алсаң болбойбу, жаш күнүңдөн сүйүү деген балээнин азабынан оорукчан болбой, - Бурул кейип кепчип жатты. Арсен атасынан угуп абдан кубанды: "Демек Нуржамал каршы эмес, рахмат иним, сен мага өз сүйгөнүңдү белекке таштап кетипсиң, сени жоготуу канчалык ор, бирок арга жок, мен сенин сүйүүңдү улантам, сенин жашооң менин жашоомдо, анткени биз бир тууганбыз, эгизбиз, мага ыраазы бол иним", - деп ойлонуп алды. Айтылган күнү бир койду союп, боорсок менен таттууну мол кылып алып алты-жети киши келип сөйкө салып кетишти. Муну уккан Акылай ичи ачышып өзүнчө буулугуп ыйлап эс алды. Нуржамал телефон чалса такыр албады, анын бактылуу жүзүн көргүсү келбеди, бирок ал ошентип жүргөндө Нуржамал анын үйүнө өзү келди. Экөө сүйлөшүп отуруп Арсендин киного алып бараарын айтып кошо барып кел деп суранды. Акылай курбусунун сөзүн кыя албады, Арсен ошол күнү Россияда бирге иштеген Сүйлүк Адилет деген жигитти ээрчитип келген экен, алар чогуу кино көрүп анан үйгө кайтышты. Адилет Акылайды жактырып калган экен анын номерин Нуржамалдан алып жолугууга чакырды.

Адилеттин телефон чалып жолугушууга чакырганына аябай кубанды, анткени ал өзү дагы жактырып калган. Ошол күнү алар жолукту, Адилет адамгерчиликтүү, кичипейил анан дагы назик. Кыздардай жумшак мүнөз жигит экен. Акылай алгачкы жолу жигит менен жолугушуп жатканга апкаарып турду, маңдай чачы желге сеңселип көзүн ылдый кыла жүрөгү титиреп адам колунда турган чымчык сымал дирилдейт.

- Акылай, окууларың кандай? - деди Адилет.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Ойдогудай эс алып жатам. Канчада окуйсуң?

- Онунчу класста.

- Аа-а, бойго жетип калыпсың, - Күлүп койду Адилет, - Ата-энеңдер барбы?

- Ооба, сиздикичи?

- Ата-энем, бир туугандарым бар, эң кичүүсүмүн, канча бир туугансыңар?

- Үчөө, эки уул бир кыз.

- Жакшы экен, анда эрке кыз турбайсыңбы?

- Андай деле эмес.

- Акылай жигитиң барбы?

- Кызыксыз го, жигитти эмитен эмне кылам?

- Балким уялып жатасың.

- Сизденби? - Акылай жүзү албыра шыңк эте күлдү, коңгуроодой назик үнү булактын шылдыраган агымынын дабышына кошула ого бетер кооз угулду.

- Акылай, жолугушуп туралы ээ?

- Көрөбүз го, сабакка тоскоол болбосо.

- Бош убакта.

- Макул, - деп Акылай аны уурдана карады, андан кийин ар кандай сөздөр сүйлөндү, Акылай көптөн кийин, - Мен кетишим керек, апамдар издеп калат, - деди.

- Бир аз туруп туралы.

- Издеп калышат, көбүнчө Нуржамалга бардым деп айтам.

- Нуржамалга бардым деп шылтоо табасыңбы? - Адилет күлө карады.

- Жо-ок, кайда жүрдүң десе эле Нуржамалга дей берем, чынында ага көп барам.

- Макул анда, мен кеткенче жолугуп туралы Акылай.

- Качан кетесиз? - деп жиберди кыз.

- Бир жумадан кийин кетем, Арсен тоюна даярданып жатпайбы, мен анын тоюна камынып кайра келишим керек.

- Жакында үйлөнүшөт бекен?

- Эки жумадан кийин алып кетебиз деп айтып келишти го?

- Аа-ай, анда мен Нуржамалга сөзсүз жолугушум керек, - Акылай шашып калды, - Үлпөт той өткөрөт бекен?

- Ооба, райондогу бир кафеге сүйлөшүптүр.

- Кой анда мен үйгө барып анан Нуржамалга барышым керек, жакшы барыңыз.

- Чогуу баралы, мен жеткирип коюп баса берем.

- Мени көпкө күтүп каласыз го, үйгө кирип атамдарга түшүндүрүп анан чыгам.

- Миң жыл өтүп кетсе да күтө берем.

- Анда өзүңүз билиңиз, - Акылай күлүмсүрөй карап коюп кетип жатты, алар айылдын четиндеги шылдырап аккан тунук булак боюнда отурушкан. Акылайдын үйү айылдын четинде эле, - Мен азыр чыгам, - деп кирип кетти. Көп өтпөй эле кайра чыкты, Нуржамалдын үйү мурда Акылайга жакын болчу, эми бир топ алыс. Акылай келгенде Нуржамал үйдө жок эле, аны Арсен алып кеткен, алар кетип жатып Акылайды алып алалы деп үйүнө бара жатып телефон чалды:

- Алоо Нуржамал үйүңө келсем жок экенсиң да, ошондойбу? Мен сага келгем да, Макул-макул азыр, ошол жерде болом, жанымда Адилет байке бар, жарайт азыр бирге барабыз, - деп Акылай кубанычтуу күлүп телефонун өчүрүп Адилетке кайрылды, - Алар бизди издеп жатыптыр, жүрүңүз, - деп шашыла жөнөдү.

- Кайда, алар кайда экен?

- Жолдон күтүп алат.

- Кызык, ушунча шашылышпы? - Адилет күлүп ылдамдай басты, алар эми эле чоң жолго жеткенде Арсен келип калды. Айылдын тең ортосун жарып өткөн чоң жол бар, союздун учурунда жарымына чейин асфальттап келип токтоп калган, андан бери эскирип унаанын жүрүшү кыйынга туруп өңгүл-дөңгүл. Алардын жанына келип токтоп калды Арсен.

- Ой силер кайда жүрөсүңөр издетип? - Бакылдай күлүп калды.

- Силерди издеп жүрбөйлүбү? - деди Адилет.

- Эмесе кеңешип алалы, биз Бишкекке бара жатабыз, кыскасы тойго камылга, - деп Арсен экөөнө карады:

- Акылай, мени менен барып келбейсиңби? - деди Нуржамал.

- Ай-ий, атамдар жибереби?

- Мен сурансамчы?

- Өзүм айтып көрөйүн, - деди Акылай көңүлсүз, анткени атасынын жибербесин билип турган эле, алар унаа менен алардын үйүнүн жанына келип токтошту. Акылай үйүнө кирип эмне деп айтаарын билбей кайсактап турганда апасы Жумабү:

- Сага эмне болду кызым, бирдеме дегиң келди беле? - деди.

- Апа, Нуржамалдын жакында тою болоорун билесиз да...

- Ооба, анан эмне болду?

- Эчтеке, алар Бишкекке барып кийинип келет экен, Нуржамал мени бирге барып кел деп жатат, - деп жооп күтүп калды.

- Бүгүн жөнөйт бекен?

- Азыр.

- Өзүң окуудан калбайсыңбы?

- Эртең, дем алыш да.

- Анда бара бер, атаңа мен айтып коем.

- Ур-ре! - Акылай кубанганынан апасын кучактап өпкүлөп жиберди, - Мен кеттим анда.

- Ай кийинип алсаң боло, кое тур, акча берейин.

- Апа, канча бересиз?

- Эки миң сом берейин көз каранды болбой барып кел, - деп Жумабү кызына жылмая карады, - Этият карады, - Этият бол, Нуржамалдан бөлүнбө, адашып кетесиң, тойго кийгенге өзүңө жаккан көйнөк ал макулбу?

- Ооба апа, - деп Акылай кубанычтуу жүгүрүп чыкты, Акылай келээри менен:

- Эмне деди? - деп суроо узатты Нуржамал.

- Макул болду.

- Аа-ай, сонун болбодубу, жибербей коебу деп жаттым эле.

- Мен дагы, урушат экен деп ойлоп турганмын да.

- Аяш апам абдан жакшы киши.

- Эмесе кеттикпи кыздар? - деди Арсен.

- Кеттик, - деди жайдары Нуржамал, унаа жылып борборду көздөй кеткен жолго түшүштү, төртөө күлкүлүү сөздөрдү сүйлөшүп каткырып күлүп кетип жатышты, орто жолдон Суусамырга токтоп тамактанышты, анан кайрадан жолго түшүшүп шаарга кеч жетишти, төртөө түнкү Бишкекти кыдырып түнкү кооздугуна суктанып жүрүштү, түнкүсүн жарыктар жылдыздарга окшоп жылт-жулт этип алыстан көрүнсө, жакын келгенде күндүзгүдөй жаркырап турганын көргөн эки кыз айрыкча суктана карап жатышты. Алар шаарга алгач келип жатканы эмеспи, бир кезде кафеге киришти, ошентип түндү унаа менен шаар кыдырып өткөрүшүп таңга маал уктап кетишти. Адегенде эле Арсен ойгонуп тигилерди ойготту:

- Тургула эй, түш болуп калыптыр.

- Ай-ий, катуу уктап калган турбайбызбы, - деп Нуржамал ыргып кетти.

- Чын эле, - деп Акылай менен Адилет дагы ойгонушту. Унаага отуруп уктап калышкан эле, унаасын жылдырып жөнөдү. Алар дароо эле Дордойго жөнөштү, кийим тандаганга келгенде кыздар өтө эле жаштык кылышты, Арсен менен Адилет деле мындайга мурда иши түшпөгөндүктөн анча билбей:

- Нуржамал, биз дордойго бекер бара жатабыз, башка салондорго баралы, - деди.

- Мен билбейм Арсен, мурда күйөөгө тийип көрбөсөм, - дегенде күлүп калышты.

- Эмесе мындай, - Арсен унаасын четке токтотту, - Уйкудан көзүбүздү ача албай жатып баш оогон жакка кетип жатыппыз, кеттик артка! - деп унаасын жылдырып артка кайрылышты. Кайра келе жатып жол боюндагы салондон үлпөт көйнөктөрдү көргөн Нуржамал:

- Арсен, мына биз издеген дүкөн! - деп шашып калды.

- Кана? - деп Адилет менен Акылай жолду карап калышты, Арсен жол боюна токтотуп салонго киришти, Нуржамалга көйнөктөрдүн баары эле жагат, Акылай болсо улам бирин кармап көрүп:

- Дагы башка жакты көрбөйлүбү? - деди.

- Жакпайбы булар? - деди Арсен.

- Салондор толтура го?

- Кеттик анда, - Алар кайра отурушту. Кечке чейин улам бир салонго кирип жатып акыры Нуржамалга Арсен бир көйнөктү өзү кийгизип көрүп тандады, андан кийин Акылай курбусу өзүнө көйнөк алды, алчууларын алганча кеч болуп кетти, алар кафеге кирип кардыларын тойгузушкан соң үйлөрүнө базарлык алышты да жолго чыгышты, таңга маал Нуржамалдын үйүнө келишти. Бул кезде таң куланөөк болуп жерге жарык кирип калган. Бурул кызынын бактылуу болушун каалап калган, өзүнүн оюна койсо такыр эле колунан чыгаргысы жок, жаштыгын ойлоп ичи ачышат, аларды жеткирип коюп Арсен менен Адилет үйүнө кетишкен, Нуржамал менен Акылай дароо эле жатып уйкуга киришти. Эртеси түшкө жакын Арсен кайра келди, эми алар чакыруу билет жасаганга районго барып заказ беришмек, Акылайды үйүнө жеткирип андан ары Адилет үчөө районго жөнөдү. Ошентип камы бүтүп Арсендин ата-энеси камынып Нуржамалды кол менен алып кетишти, ага Бурул менен Сагынбек сеп беришти, эл катары узатышты, Гүлжамал сиңдисинин бактылуу жүзүн көрүп эле кубанып жүрдү. Той болоор күн, кафе аябай жасалгаланган, кире бергенде эле бет маңдайда төргө илинген Арсен менен Нуржамалдын чоң сүрөтү көрүнүп: "Куш бооңор бек болсун, бактылуу болгула", - деген жазуу менен кооздолгон. Тойго чакырылган дар келип болуп калган кезде сырттан бир аял, бир эркек кирип келе жатты, бул Нуржамалдын атасы эле, Нурмат той болоорун угуп атайын Бишкектен келген эле, ал жерде Бурулдун агасы, Өмүрбек аялы менен Актан аялы менен Гүлжамал күйөөсү менен келген. Нурмат кирип келе жатканда тозуп:

- Кимиси тараптансыз? - деди акырын.

- Кыз тараптан болом.

- Анда бул жакка отуруңуздар, - деп Нуржамалдын төркүндөрү отурган жакка баштап келгенде Бурул көрүп калды, Гүлжамал дагы тааныды. Тойдо ырчылардан болбосо дагы алып баруучу такылдап сүйлөп музыка жаңырып жатты. Бир кезде кудагый кудалар чыгыңыздар, - дегенде Бурул, Сагынбек, Гүлжамал күйөөсү болуп чыгып бара жатканда Нурмат дагы турмак болду эле аялы этектен тартты:

- Отур, биз өзүбүзчө чыгабыз.

- Болчу беле, - деп Нурмат болбой эле жөнөдү, ал Бишкекте турат, иштеген иши бар, аялы аны такыр балдарына каратчу эмес, бул жолу Нурмат ага болбой жөнөгөндө аялы кошо ээрчип алган, экөөнүн ортосунда бала жок, эки уулун көрүп ичи ачышып турду анын. Сагынбектер сүйлөп бүткөн соң Нурмат өзүн тааныштырды.

- Мен Гүлжамал, Нуржамалдын атасымын, мен ушул тойду бирөөдөн угуп калып келип калдым, Нурка, кызым менин, ушул ак тоюң менен Арсен экөөңөрдү чын жүрөгүмдөн куттуктайм, тоюңа деп күйөө балам экөөңөргө бир жип унаасын белекке алып келдим! - дегенде залда отургандар ызы-чуу боло түштү.

- Эмесе кыз-күйөө, бул жакка келип коюңуздар, - деп алып баруучу айтканда Арсен менен Нуржамал кол кармашып келе жатты, Нуржамалдын көздөрүнөн жаш куюла атасын кучактап калды:

- Ата, атакебайым өзүң эле келгениң болбойт беле, мага сенин келгениң дагы чоң белек болмок, - деп ыйлап жатты. Нурмат дагы жашып кетти. Унаанын ачкычын берип анан кыз-күйөөсүнө бак-таалай каалап ордуна отурду. Бурулдун күйөөсүнө жини келип жатты: "Көрүнгүсү келип атайын келген тура. Колунда бар болсо балдарды имерет эми", - деп ойлонуп жатты. Баарынан кызыгы андан кийин болду, Сагынбектин Бишкектеги жалгыз уулу Арсендин сүрөтүн көрүп эле эси ооп карап калды: "Мен муну өлдү деп укпадым беле, тирүү калышы мүмкүн эмес болчу", - деп ойлонуп атасы менен учурашып отуруп калды, алар дагы кеч келишкен, Сагынбек уул-кызын Бурулдун балдары менен таанышып катышып алсын деген ниетте чакырган болчу. Той шаңдуу өтүп жатты, Арсен Чынгызды көрүп таңгалып калды, анткени алар абдан өч эле. Той бүтүп коноктор тараган кезде узатып артта ата-энелери менен кыз-күйөө калган, Чынгыз Арсенге келип:

- Өлбөпсүң го? - деди акырын кекете учурашкан болуп.

- Эмне-е? - Арсен эми гана түшүндү: "Демек мен деп Аргенди урган ушул экен", - деп ойлонуп дароо көңүлү чөктү.

- Көрө-өбүз, сен экөөбүз эсептешип бүтө элекпиз, - деди да Сагынбекке кайрылды, - Ата биз кете берели.

- Мейли силер бара бергиле, биз азыр чыгабыз.

- Эртең сени чоң парктан күтөм, - деп Арсенге айтты да чыгып кетти, баары чогулуп белек-бечкектерин көтөрүнүп унаага салып эки машина менен жөнөштү. Арсендин көңүлү чөгүп калганын көрүп ата-энеси ичинен сызып калды, Нуржамал:

- Арсен, сага эмне болду, кабагың түшүп калды да.

- Жөн эле жаным, мен бактылуу болгонумдан болсо керек.

- Мейли, ачык айтпасаң өзүң бил, - деп Нуржамал дагы капалана отуруп калды.

- Таарынбачы жаным, биз бактылуубуз, кана кайнатам белекке берген жипти айдап көрбөйлүбү, - деп күлө карап Нуржамалды кучактап көтөрүп алып сыртка чыгышты, капкара Жиптин ичине экөө кирип отуруп алып өбүшүп жатты, бирок Арсендин жүрөгүн бир нерсе кыйнап жатты: "Аргендин кунун сенден алам, ал үчүн сен жооп бересиң, издесе табылбай турган кылмышкер өзү келип колго түшкөнү кандай сонун", - деп ойлонуп жатты ичинен. Келинчегин тынчтандырып үйгө кирип өз бөлмөсүнө жатып калышты. Эртеси эрте туруп Адилетти ээрчитип районго жөнөп кетти, айтылган саатта райондун чоң паркында болду, Адилет фото аппарат менен алыстан карап турду, Арсен телефондун диктофонун иштетип коюп ага карады:

- Кана сүйлө.

- Сенден ала элек өчүм бар, Россиядан өлтүргөн экенбиз десек өлбөпсүң.

- Менде кандай өчүң бар эле, айтчы угайын.

- Эч кандай, бирок сени жек көрөөрүмдү билип кой.

- Россияда жүргөндө сен тепкилеп урдуң беле?

- Албетте, сени өлтүрмөк болгонмун, өкүнүчтүү тирүү калыпсың.

- Сен уже өлтүргөнсүң, ошол күн кайсы күн эле?

- Майдын жыйырмасы болчу. Ал күндү унутпайм го, башты оорутпа, - деп эки жагын караганда үч-төрт жигит аларды көздөй басып келди, - Муну мусурга таштап койгула!

- Чынгыз, сен кутулуп кете албайсың, Россиядан качып келип өз айылыбыздан кармалганың дурус болду, - деп мыскылдуу жылмайды.

- Эмне деп былжырап жатасың? - деп кыжырлана бери басканда ары жактан үч-төрт милиция келип калды:

- Булар менин инимди өлтүрүшкөн, кармаңыздар баарын, - деди Арсен.

- Эмне, сенин иниң, эмне деп жатасың? - деп Чынгыз жулуна таңгалып турду.

- Бас, бөлүмдөн териштиребиз, - деп милиционер аларды алып жөнөдү, Арсен диктофонду баргандан кийин аларга угузду:

- Биз эгиз бир тууган Арсен, Арген дегендер элек, мен улуусумун, инимди булар мен экен деп былтыр майдын жыйырмасында тепкилеп коюп ал жыйырма үчүндө каза болуп калган, эми мени экинчи жолу өлтүрмөк болуп чакырыптыр, - деди Арсен. Чындап эле ал издөөдө экен, күнөөсү такталып Арсендин арызы боюнча сотто жооп бере турган болду.

Сагынбек муну угуп Бурулга айтпай районго жөнөдү, келип эле начальникке кирди, ал жылуу тозуп алды.

- Келиңиз, бизде жумушуңуз бар беле?

- Сагынбеков Чынгыз силерге түшүптүр. Балам балким жаңылыштык болгондур?

- Сиздин балаңызбы?

- Ооба, менин балам.

- Россияда болгон беле?

- Мен ал жөнүндө билбейм, эки балалуу, үй-бүлөөсү менен Бишкекте турат.

- Анда балаңыз Россияда издөөдө экен, ал жактан Кайдулатов аргенди уруп, тепкилеп өлтүргөнү аныкталды.

- Кантип, бул жалаа болуп жүрбөсүн?

- Өкүнүчтүү, баары чындык, өзү мойнуна алды.

- Кандайча?

- Сотто көрөсүз.

- Мүмкүн эмес, каталык кеткендир.

- Чынгыз Аргенди эмес Арсенди өлтүрмөк болгон экен, анын иниси экенин билбей адашып Аргенди кармап алышканы белгилүү болду.

- Уулума жолуксам болобу?

- Бүгүн болбойт, иши сотко кетти, мындан башка дагы күнөөлөрү бар, - дегенде Сагынбек заманасы куурула үйүнө кайтты, капаланып келген күйөөсүн көргөн Бурул бир жаштан өткөн уулун көтөрүп жанына келди:

- Эмнеге капа болдуң?

- Капа болбогондо кантем? - Сагынбек терең дем алып күрсүнө Бурулга карады, - Чынгызды камап коюшуптур.

- Эмнеге, ал кечээ шаарга кетпептирби?

- Кетпептир, - Ойлуу саамга отурду да, - Башкадан укпай менден укканың дурус болоор...

- Эмнени? - деп Бурул аны сүйлөтпөй эле суроо берип ийди.

- Арсенди өлтү...

- Эмне? - Баласын таштап ийе жаздап токтоду, - Эмнеге?

- Кеп укчу Бурул, отур жаныма.

- Айтчы батыраак, Арсенде эмне өчү бар экен Чынгыздын?

- Кеп сүйлөтөсүңбү? - дегенде Бурул унчукпай калды. - Өздөрүнчө бирдемеси бар болсо керек, Арсенди өлтүрөм деп Аргенди кармап сабап коюп ал ошондон өлгөн экен, кечээ алар разборкага барышыптыр, Чынгыз ошол жерден билиптир Арсендин иниси өлтүрүп алганын, окшоштугунан айырмалай албай калган го, эгерде Арсенди көрбөсө дагы канчага чейин жүрмөк, өзү кылыптыр эмне кыла алам, - деп Сагынбек үнү каргылдан айтып бүттү.

- Жаман болуптур, эми эмне болот? - деди Бурул баарын түшүнгөндөн кийин.

- Билбейм, Кайдулат менен сүйлөшүп көрсөм бекен?

- Айтып көр, алдына түшөлү, - деди Бурул, Сагынбектин көңүлү үчүн.

- Алар болсо дагы башкалары бар экен да, мейли жок дегенде жеңилдетээр, - деп Сагынбек инисине чалды, эжесине карындашына чалып тез келип калгыла деди да өзү бир кой союп бышырып, Гүлжамалды күйөөсү менен чакырып боорсок жасап камынып калды, инисинен бир жылкы алдырды, тартуусун алып кийит-кече алып Кайдулаттын үйүнө күүгүмдө жетип келишти. Кайдулат эчтеке түшүнбөдү, анан Сагынбек башын жерге салып укканын айтып кечирим сурап келгенде адеп чамынды, бирок ойлонуп көрүп, кудагыйын сыйлап ичкери киргизишти. Арсен өзүн-өзү күнөөлүү сезип үйгө жолобой эзели ичпеген неме ичип жүргөн, ары айтып, бери айтып жатып Арсенди зорго көндүрүштү, Нуржамал үн катпады, ал ансыз деле Арсендин жаман абалда турганын билген: "Дос айрылат, сөөк кайрылат, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер", - деген улуу сөздөрдү мисал кылып жатып арызды алдырмак болушту. Ошентип Арсендин ички сезими өзүн-өзү кечирбей жаман болуп жүрдү: "Капыстан эле бирөөлөр уруп кеткен экен десе менин ордума өлгөн тура, кайдан дагы аякка чакыра койдум эле, эгерде мен аякка чакырбаганда ал тирүү болмок, өзүнүн сүйгөнүнө баш кошмок", - деп ойлой берип аябай арыктап да кетти. Сагынбек Арсендин арызын алдыргандан кийин дагы колунда барын аянбай чачып биротоло бошотуп алды, үйүнө алып келип ал түлөө өткөрүп анан үй-бүлөөсүнө жөнөттү. Нуржамал дагы анча батынбайт, кеч келип, ичип кызуу болуп алган Арсен жатып алат, ошентип убакыт өткөн сайын унутула баштады, Нуржамал менен кадимкидей жашоосун улантып жатты. Гүлжамал уулдуу болуп бешик тоюна чакырды эле Насият экөө барып келди. Апасы Бурул дагы ошол жерде болду. Гүлжамал сиңдисинен:

- Нуржамал, атам телефон номерин таштаган жок беле? - деп сурады.

- Жо-ок үлгүрбөдү го.

- Ка-ап, билсең атама барып келет элек, - деди акырын.

- Эжеке, Арсен мени машина айдаганга үйрөтүп жатат.

- Эмне жипти сен айдайсыңбы?

- Ошентип жатат Арсен, өзүнө Одиссей болот да, үйрөнүп болсоң права алып берем деди, - деп кубанычтуу күлүмсүрөдү.

- Жакшы, бактылуу болсоң эле болду.

- Баары унутулат экен эже, мен ошондо өлүп калсам эмне болот эле?

- Жинди болбо, андай жаман сөздү сүйлөбөй жүр.

- Атын эмне койдуң эже?

- Арнис деп Бакыт койду, бир жерден угуп келиптир.

- Жаңыча ат экен, кайсы элдин аты болду экен?

- Ким билсин, - деп койду Гүлжамал, - Алар сүйлөшүп калганда Гүлжамалдын кайненеси кирди.

- Бала ыйлап жатат, барып карачы балам.

- Мейли апа, бир аз сүйлөшүп алалы деп эле...

- Мейли айланайын, кудагый дагы кетем деп жатат.

- Анда мен дагы кетейин эже, көрүшүп турабыз, жакынбыз го? - деп күлүмсүрөдү Нуржамал, - Уулуңузду караңыз, - Эже сиңди ээрчишип келип анан баласын колуна алып эркелетип өөп Нуржамал кайненеси менен кетмек болуп кайра эжесине берди да коштошуп үйүнө кетишти. Арсен алар келээри менен суук болуп турганына карабай унаасына отургузуп алып кайдадыр ээрчитип кетти. Ал Нуржамалга унаа айдаганды үйрөтүп кечке кара суукта жүрүшсө дагы үшүгөнүн билишпеди, алар Нурмат берген машинаны айдап жүрүштү, кечинде келгенде гана жылуу үйгө кирип үшүгөндөрүн сезишти. Насият аларга үндөбөдү, ал Нуржамалды жаш деп аяп, уулу Арген үчүн тарткан азабын угуп жакшы көрөт, кышкы аяз күчөп турган кезде Нуржамал алма жегим келет деп калды. Келгенине үч айдан ашып калган эле, көрсө ал кош бойлуу болуп калганын сезбептир, бир күнү күндүзү жатып уктап түш көрдү, түшүндө Арген кирип: "Мен силердин балаңардын жашоосундамын, атын Арген койгула, башка ат болбойт, мени жоготуп аласыңар", - деп жатыптыр. Чоочуп ойгонгон Нуржамал сыртка чыгып кайра келди:

- Сен кош бойлуу болуп калсаң керек айланайын, уйкуң келсе укта, бирдеме жегиң келсе тартынбай айт, - деди Насият.

- Апа, андай деле эмес, - деп Нуржамал уялып кетти.

- Уялба балам, силер өзүңөр менен өзүңөр көбөйсөңөр биз кубанбайлыбы, - деди келинине мээрим төгө карап.

- Апа, Арсен бир жакка кеттиби?

- Билбейм балам, Адилет келем десе керек, ошону тозом деп кетти.

- Аа-а, - деп унчукпай калды Нуржамал, көп өтпөй эле Арсен менен Адилет келип калды, бул жолу ал атайын эле Арсенди Россияга кетели деп келген болчу ал, анткени аякка иштеп көнүп калышкан, дагы бир максаты Акылайга жолугуу эле.

- Кел айланайын балам, ата-энеңдер жакшы жатышабы? - деди Насият ага.

- Жатышат эне, салам айтышты.

- Саламат болсун.

- Кандай Нуржамал?

- Жакшы, жакшы келип алдыңбы?

- Буйруса, эми Арсен экөөбүз кайра Россиянын токойлоруна кетебиз го?

- Эмнеге, Арсен макул болдубу? - деп ийди Нуржамал.

- Иштеп көнгөнбүз аяш, барбасак болбойт.

- Болду, буларды куру санаага сала бербе, биз али чеч элекпиз, - деди Арсен кирип.

- Ыя балам, быйылча аякка барбай эле кой, - деди Насият.

- Ооба, суук бу болсо эмне бар? - деди Касиет, - Нуржамал дагы кош бойлуу окшойт.

- Эмне, чын элеби апа? - Арсен кубанып кетти.

- Калп айтып эмне кылам садага, кыштын кыраан чилдесинде алма жегиси келген аял талгак болот, - деп башын ийкей жылмайды, - Ата болосуң уулум.

- Мен ата болот экенмин! - деп Арсен Адилетти кучактап калды.

- Куттуктайм досум, өмүрү узун болсун.

- Эмне Нуржамал алма жейм деп жатабы апа?

- Ооба, тиги погрибден алып чыгып бердим, бир жашыкты алып чыгып койчу балам.

- Макул апа, - деп шыпылдай чыгып кетти Арсен, ал ата-энесинен тартынып Нуржамалдын жанына бара албады, ал кайра кирип жатып уктап калган. Калдастап врямянканын ичке погрибинен бир ящик алманы көтөрүп чыкты да үйгө киргизди, андан алма алып жууп алып ичке кирип караса Нуржамал уктап жатыптыр, жанына отуруп чачтарынан сылап эми эңкейип өпкөнү жатканда Нуржамал ойгонуп кетти.

- Се-ен, качан келдиң?

- Азыр эле, алма жейсиңби Нуру?

- Ооба, кайдан алып келдиң?

- Үйдө бар да.

- Аа-а, эми эч жакка кетпейсиңби?

- Жок, эч жакка кетпейм, туруп бирдеме ичип алсаң боло.

- Эчтеке ичким жок, - деп алманы карсылдата тиштеп жеп жатканда Арсен аны карап туруп күлкүсү келди, - Эмнеге карайсың? - деп Нуржамал таарынып калды.

- Балалуу болобузбу Нуру?

- Билбейм, апам ошентти го.

- Эртең врачка көрсөтүп келейин ээ?

- Макул, - деп кайра жатып калды, негизи ал иш деле жасачу эмес, Насият өзү эле баарын жасап жүрөт, төрөп түшүп алса кайда бармак эле казанын өткөрүп алат деп ойлойт ал. Нуржамалдун боюнда барын угуп Бурул дагы бир топ кубанды, бир жагы жашында балалуу болсо эрте эле этек басты болуп калат, азырынча төрөбөй кое турса болмок, - деп өзүнчө кыжаалат. Нуржамал түшүн унутуп калган эле, бир күнү түндөсү дагы кирди, чоочуп ойгонуп өзүн бекем кучактап алган Арсендин колун акырын алып коюп өйдө болду: "Бул эмнеси, Арген өлөөрдө жаман түш көрдүм эле. Эми балаңдын атын Арген кой дегени кызык го, Арсен ага макул болобу", - деп ойлонуп жатты

- Нуру, сен ойгоосуңбу?

- Ооба, кызыктай түш көрдүм Арсен.

- Кандай түш?

- Мен Арген өлөөрдө аябай жаман түш көргөнмүн...

- Эмне? - Арсен чоочуп туруп отурду, - Айтчы түшүңдү.

- Түшүмө Арген кирет.

- Эмне дейт? - Үрпөйө келинчегин карады.

- Балаңардын жашоосундамын, атын Арген кой дейт.

- Чын элеби? - Арсен кубанып кетти.

- Ооба, ушуну менен эки жолу кирди.

- Эч кыйыны жок, Арген деп ат коебуз, өзүм деле ойлоп жүргөнмүн.

- Чынбы, атамдар макул болобу?

- Эмне демек эле, алар кубанышпайбы, - деп Арсен келинчегин кучактап ичин сыйпалап жатып калды, Нуржамал дагы ойлонуп жатып уктап калды. Жаркыраган жай айларында Нуржамал балканактай уулу төрөдү. Атын азан айтып чоң атасы Арген деп койду, наристени жуунтканда Касиеттин жүрөгү болк этти: "Аргенимдин дагы дал...

Мээрим уул төрөп алган, ал тырышып жүрүп Токонду окууга киргизди, праваны алып берип унаасын айдатып койгон, өзү диссертациялык эмгегин жазып бүтө албай бала менен болуп калды. Токон кадимкидей эле болуп, сабакты жакшылап окуу менен алек, ал Мээримдин эмгегин актагысы келет, кайнатасы аларга жардам берип турат. Уулунун атын Урмат коюшкан, ал томолонуп алты айлык болуп калганда айылга барышты эле небересин эркелетип Кубат менен Анара оңуп калышты, кетээринде аны болбой алып калмак болду эле Мээрим:

- Апа кыйналып калбайсыңарбы? - деди акырын.

- Кыйналып эмне ботом, баламдын баласын баккандан кыйналбай калайын.

- Токон эмне дээр экен?

- Капырай, неберемди бергиңер келбесе ала койгула, - Анара таарына отуруп калды, аңгыча жүгүн салыштырып, машинасынын эки жагын караган Токон ичкери кирди:

- Апа, эмне болду? - деди кирип эле.

- Апам Урматты алып калам дейт Токон.

- Бакса бер, апам бакса багат да, бизди деле багышкан да.

- Өзүңөргө кут болсун.

- Апа, мен катуу айтып койдумбу, кечириңиз апа, мына балаңыз, - Мээрим күлүп балтыр бешик баланы Анаранын колуна алып келип берди, - Кечир апа.

- Кечирим сурай бербе балам, - деп Анара жарк-жарк этип күлүп жаткан наристени көрүп эми элеги ачуусу тарап Урматты эркелетип эбедейи эзилип жатты, - Көлөкөм го менин, кичинекей эрмегим го ушул, күлгөнүңдөн кагылайыным десе.

- Апамды кара, - Токон күлүмсүрөй Мээримге апасын көрсөттү, - Небересин эркелетип жыргап калганын көрдүңбү жаным, сен алаксыбай дипломдук ишиңди жаза бересиң туурабы?

- Эмчектен чыкканча кыйналат го? - деп кыйылды Мээрим.

- Антип айтсаң атамдар таарынып калат унчукпа.

- Ма-акул, кеттик анда, - Кабагын бүркөй баласын барып өөп-өөп алды.

- Кетели, - Токон ата-энеси менен коштошуп Мээрим экөө жолго чыгышты, жол бою унчукпай келе жаткан келинчегин улам карап коюп келе берди Токон.

- Мээрим капа болуп калдыңбы?

- Урматты ойлонуп жатам, ыйлабады бекен?

- Апам эле болсо аны ыйлатпайт.

- Билбейм, бирдемем кала бергенсип эле жаман болуп жатам.

- Көнүп кетебиз жаным, бербей баса берсек капа болушмак.

- Ансыз деле апам жаман болуп кетпедиби, өзүм уялдым.

- Бага берсин, акыры биздин балабыз да, - Алар кете беришти, баласын таштап келгенге Гүлнара дагы бир топ оңкулдады, анан көнө баштады. Токон күндө окуусуна кетип кеч келет. Бир күнү телефону шыңгыр эткенинен караса кайненесиники, Токон жаңы эле келип сыртка чыккан:

- Алоо, апа кандай жатасыздар? - дегиче ары жактан баласынын үнү угулуп калды, ыйлап жатыптыр, ыйлагысы келип, - Апа Урмат ыйлап жатабы? - деди чыдай албай Мээрим.

- Сагындыңбы балаңды? - деп сырттан Токон кирди, көптө барып:

- Мээрим, балаңдын үнүн уктуңбу? - деди Анара күлүп.

- Ооба, атайын ыйлатып телефондон уксун дедиңизби?

- Ооба, кандай сагынганын билейин дедим да, Токон болсо берчи балам, - деди Анара, телефонду Токонго берди.

- Апа угуп жатам, кандай жатасыңар, атам жакшы эле жүрөбү?

- Токон туулган күнүң менен балам, отуз бир жашка толдуң уулум!

- Апей, мен унутуп калган турбайынбы? - деп Токон күлүп калды, - Рахмат апа.

- Өмүрүң узун, ден-соолугуң таза болуп аман жүр балам, - деди Анара, анан телефонду өчүрдү.

- Кызык, ата-эне байкуштар киши болуп калсаң деле ушинте беришет, туулган күнүмдү ойлогон да эмесмин.

- Бүгүнбү, карасаң экөөбүз тең унутуппуз, - деп Мээрим күйөөсүн эки бетинен өөп, - Куттуктайм, өмүрүң арчадай узун, дөөлөтүң асмандай ачык, бийик болсун, - деп жылмайды, - Кана анда конок чакыралыбы?

- Өзүң бил жаным, чакырбай койсок деле макулмун.

- Андай болбойт алтыным, азыр дароо конок камын көрөбүз, сен дүкөнгө барып келе кал, этканага бар, - деп Мээрим күйөөсүнө баштык, акча берип жөнөттү.

- Туулуп жатсам жумшайсың да.

- Барып келе кал, анан бешикке бөлөйм.

- Болуптур, - деп чыгып кетти Токон, Мээрим кээде бир нерселерди көргөндө мурда бир жерден көргөндөй болуп бирок кайдан көргөнүн билбей калчу, азыр дагы көз алдына жасап жаткан иши менен бир майрам тозгондой белги тартылып кетти: "Кызык, эмнеге минте берет, мен мурда бир дал ушул жашоодо жашагансыйм, баары тааныштай сезиле берет, бул эмнеси", - деп ойлонуп туруп ишине киришти. Залына дасторкон үстүн толтурду, эки курбусун күйөөсү менен чакырды, анан апасына чалды, аларга дагы Токондун туулган күнүн айтты эле:

- Кызым кечээтен айтып койбойт белеңер? - деди Гүлнара.

- Ой апа, экөөбүз тең унутуп калыптырбыз, апамдар чалып куттуктаганда гана билдик, - деди күлүп, көп өтпөй Токон бир койдун эти менен жашылчаларды, толгон таттууларды жер жемишти алып келди. Тамак асып койгондон кийин экөө конокту күтүп калышты, аздан кийин алгач Баатырбек менен Гүлнара келди, андан кийин курбу достору келип үй ичи бака-шака болуп жатып калды, чынында мындай күндөр унутта калып калчу, бир аз отурган соң Баатырбектер кетип жаштар өздөрү отура берсин дедиби өздөрү калышты. Бака-шака түшүп тосттор айтылып, каалоолор жаады. Көбүнчө булар чогулган жерде илимий сөздөр сүйлөнө турган, ар кимиси өздөрүнүн дипломдук иштери жөнүндө сөзгө өтүп бара жатканда:

- Жолдош мырзалар жана айымдар, - деди Мээрим тамылжый, - Бүгүн бул жерде илимдин иши эмес менин мырзам жөнүндө сөз болушун каалайм.

- Албетте, бүгүн башканы коюп манасты айт дегендей Токон жөнүндө, туулган күн жөнүндө сөз болушу керек, - деди Марина деген Мээримдин курбусу.

- Ырас эле, карасаң бизди дароо эле өз ишибизди айтып кириппиз, - деп Акмарал күлүп калды.

- Кана эмесе, Токондун туулган күнүн куттуктап мен бир ырдап анан силерге таштайм, - деди Элдияр.

- Туура-туура, - деп коштоп калышты, ошентип алар бир убакка чейин отуруп конокторун узаткандан кийин Мээрим:

- Жа-аным, - деди көзү сүзүлө, - Ылайым уулуң экөөбүздүн маңдайыбызда аман жүрө бер, сен менин өбөгүм, жөлөгүмсүң, кыйшайсам жөлөөрүм.

- Сен дагы менин барымсың жаным, эми жаталы ээ?

- Ооба, эс алалы алтыным, - Экөө уктоочу бөлмөгө киришти, ошол түн алар үчүн эстен кеткис түн болду, алар уктаганча таң да атып кетти. Эми уйкуга кирген Мээрим магдырап кайдадыр кетип жатканын сезди, бирок кайда бара жатканын билбейт, зуулдап эле жүрөгү шуулдап кете берди, бир кезде ал өзүн көрдү, ал бир адам менен отурат, алардын жанына келип караса Токон, "Эй бул менмин го", - десе эч кимиси укпайт, бир кезде өзүнүн туруп бир жакка бара жатканын көрдү, артынан барса ал бир чоң бөлмөгө кирип чоң үстөлгө отурду, андан соң ошол бийик заңгыраган имараттын үстүңкү кабатына кирсе ал жерде Токон отурат, булардын жанында үйүлгөн китептер көп, китептердин бетин ачса эле өзүнүн сүрөтү: "Бул менин китебимби", - десе деле алар аны көрбөгөндөй болуп өз иштери менен алек, Токонго барса ал өзүнүн сүрөтү бар чо-оң китепти ачып отуруптур: "Токон мени көрүп жатасыңбы?", - десе унчукпады. Бир кезде кандайдыр дабыш чыгып: "Бул силердин эмгегиңер, түбөлүк ушул китептердин ичинде каласыңар, бул акыркы жашооңор, мурда өз ордуңарды таппай кеткенсиңер", - деген үн жаңырып басылганда көзүн ачса ордунда эле жатыптыр: "Бул эмнеси, жакшылык болот экен, эмгектерибиз буйруса колдоого алынып дипломдук ишим жакшы кабыл алынат экен, акыркы жашооңор дегеничи, ал эмнеси", - деп көпкө ойгоо жатты, бирок табышмактуу түшүн эстеп жата берип таң атып кетти, эрте туруп камыр жууруп апасынан көргөндөй жети токоч жасамак болду. Андан кийин кечинде ошол бойдон калган үстөл үстүн жыйыштырды. Ошол убакта Токон туруп келди:

- Оо менин берекелүүм эрте турган го? - Келип Мээримдин бетинен өптү, - Аткан таңың менен күнүм.

- Өзүңдүн дагы.

- Бүгүн дем алышта эс алып жата турбайт белең?

- Жата бербей эрте турган жакшы эмеспи.

- Туура кыласың күнүм.

- Кел сен жуунуп чык, мен токоч жасай коеюн, ачып калды.

- Баары толуп турса токоч жасайсыңбы?

- Ооба, ата арбакка куран окуп коелу.

- Мейли, ата арбакты эскерип турган жакшы эмей, - деп Токон ыраазы боло жуунганы кирди, бир аздан соң экөө чай ичип отуруп куран окушту, анан эс алып отурушту, ошол убакта телефон чырылдады.

- Алоо, апа угуп жатам, - деди Мээрим, ары жактан Гүлнаранын үнү угулду.

- Кызым, Токон экөөңөр келип кеткилечи.

- Жайчылыкпы апа?

- Жөн эле кызым, тез келип кеткиле, - деди да өчүрүп койду.

- Макул, - деп Токонду карады, - Эмне кылабыз жаным?

- Ата-энебиз чакырып жатса баруу керек.

- Кеттик анда, - деп экөө ээрчише үйдөн чыгышты, алар барса Баатырбек дагы үйдө экен, казанда эт кайнап жатат, жаркылдап тозуп алышты, дасторкон четинде көпкө сүйлөшүп отурушту, эт бышып алдыга келди, Гүлнарага Мээрим жардам берип жатты, алар кетмек болгондо Гүлнара.

- Эми жүргүлө биякка, - деди күлүп.

- Апа, биз кетишибиз керек, - Мээрим моюн толгоду.

- Бир-эки мүнөттү алаар көп болсо жүргүлө эми.

- Болуптур эми, - Мээрим Токонду карады, ал унчукпа дегендей баш чайкады, Баатырбек алардын артынан кирди, - Апа, бул бөлмөгө эмнеге кирдик?

- Шашылба, азыр көрөсүң, дегенче эшикти ачып жип унаасы көрүндү, - Бул бизден Токондун туулган күнүнө берген белегибиз, - деди Гүлнара.

- Бул ачкычы, - деди Баатырбек колундагы ачкычты көрсөтө.

- Кечээ шашылыш болуп калды, ошондуктан бүгүн силерди чакырып берүүгө туура келди, - деди Баатырбек күлүп, - Кут болсун балам.

- Ата, жөн койсоң болмок экен, - Токон ыңгайсыздана карады.

- Ата, апа бул болбойт, биз өз эмгегибиз менен табуубуз керек, - Мээрим дагы капаланды, - Бекер убара болупсуңар да.

- Кызым, бул белекти албасаңар бизди бир өмүр таарынтып аласыңар.

- Ооба, албасаңар биз сынып калабыз.

- Ата таарынбагыла, - деп Токон уялып кетти, - Албетте белек деген белек, биз сиздерге ыраазыбыз.

- Мейли эми, айла жок, - деди Мээрим дагы күлүп.

- Кана эмесе күйөө бала, машинага отур, - деди Баатырбек, ошентип алар эки унааны айдап чыгышты, кабат үйдүн алдындагы унаа койчу орунда эми алардын эки унаасы орун алды, Мээрим ата-энесине ичинен ыраазы, бирок бекер оокаттан тажап кетет, өз эмгеги менен тапкысы келет, Токон андан бетер ойлонуп сабактан кийин Мээримге билгизбей унаа жуугуч болуп иштей баштады. Анын иштегенин көргөн бир таанышы унаасын жуудуруп жатып:

- Айдаганың шикарный машина, анан машина жууп иштейсиңби? - деди.

- Оокат кылуу күнөө эмес, ууру кылып кайырчылык кылганча эмгектенип таза акча тапкан жакшы, - деп Токон басып кетти, күндө тапкан акчасын катып жүрө берди, үч айга чукулдап калган, Мээрим лексус менн келип калды, Токон байкабай келе жатканда ал унаадан түшүп келе жаткан, көрө калып ары бурула бергенде:

- Токон! - деди Мээрим, бир азга артын карабай туруп анан бери бурулду, - Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? - деди жете келип.

- Мээрим...

- Ой сен иштеп жатасыңбы?

- Ооба, иштеш керек Мээрим.

- Жүрү кеттик, - деп болбой койду Мээрим, аргасыз ары жакка токтоткон унаасын айдап Мээримдин артынан жөнөдү.

- Мээрим, сен мени түшүнсөң, иштебесем болбойт го, сен мен түшүнчү.

- Болду Токон, экинчи иштегениңди көрбөйүн, сен окушуң керек.

- Мээрим, - деп Токон анын алдына топтогон акчасын алып келип койду. - дагы бир-эки жыл иштесем канча жыйнап коет элем, контракка, светке, сууга төлөгөнгө ар качан эле атамдардан ала беребизби?

- Сен окушуң керек Токон, эгерде аспирантурага өтүп калсаң өзүм жардам берем, - деп Мээрим такыр уккусу келбеди, анын ата-энесинин өз эсебине салган акчасы бар, керек болгондо ошондон алчу, болбосо өз айлыгы бар.

- Окуп жатам, мен деле түшүнөм, - деп күнөөлүүдөй отурганда телефону чырылдады, - Ало апа, эмне болду? Атамбы? Эмнеси ооруп жатат, болуптур азыр эле чыгабыз, ооба-ооба, - деп телефонду өчүрдү.

- Эмне болду? - Мээрим суроолуу тигилди.

- Атам ооруп калыптыр.

- Жөнөйлү анда, адегенде мен жумушума чалып коеюн, сен окууңа чал, - деп экөө бир унаа менен жолго чыгышты. Күүгүмдө келишсе Кубат эти ысып чабалактап ооруп жатыптыр, Мээрим өзү көрүп тынчтандырчу укол сайды.

- Эмне болду балам, акыбалы кандай? - деди Анара.

- Эчтеке эмес апа, сууктап эле калыптыр, күчтүүлөп тамак бериш керек, мен дары-дармектерди бүт алып берип кетем, - деди Мээрим, Токон урматты көтөрүп ары бери басып жүрөт, Жума анын жанына келди.

- Качан үйлөнөйүн деп жатасың? - деди Токон ага.

- Билбейм, аял алуу оңой эмес го?

- Эмнеге?

- Сүйлөшсөң эле машинаң барбы, кайсыда окуйсуң дешет экен.

- Анан, ошого үйлөнгүң келбей калдыбы?

- Анан эмне кылмак элем, качан иштеп акчалуу болуп машина алып, окууга тапшырсам анан үйлөнөм да, - Булардын сөзүн аларды көздөй келе жаткан Мээрим укту да күлүп калды:

- Сен айылда жүрө бербей шаарга барып иштебейсиңби?

- Иш оңой табыла коймок беле?

- Табылат, чындап издесең табасың.

- Барайынбы жеңе? - деди Жума күлүп.

- Ооба, барып иштесең баары болот.

- Болуптур, сиздер менен кетем, - деди Жума кубанып. Алар эртеси туруп Кубат түзүк болуп калганда кетишти, Жуманын иштеген акчасына мал алып коюшкан, жанына бир аз акча алып Жума алар менен кошо кетти. Аны Токон унаа жуугучка иштетип койду, ичкен жегени, жаткан жери бекер, Лексусту Мээрим ага берди, унаага ээ болгон Жума кубанып жүрдү, бирок тапкан акчасын тегин коротпойт, май куят, калганын катып кечке иштейт, андан тажаганда унааларжы оңдогон мастерскойго кирип алды, мурдагыдан көп таап калды, арадан алты ай өткөндө эс алмак болду, кыш келип жаңы жыл болчу, көчөдө кетип жатып байкабай бир кыз менен сүзүшүп алды, ал башка жакты карап келе жаткан.

- Көзүңдү карабайсыңбы, - деди кыз ачуусу келе.

- Кечирип кой чоң кыз, байкабай калдым, - деп кечирим сурады.

- Түштөн кийин кечирим сурап коет, - деп басып кетти, ал жылаары менен Жума жерде жаткан сотканы көрүп ала коюп кыздын артынан жүгүрдү:

- Чоң кыз, телефонуң түшүн калды, чоң кыз токто! - деп жете келди.

- Эмне керек? - Кыз ачуулана карады.

- Телефон сиздикиби? - Колун...

- Жоголчу! - деп бара жатып сумкасын карап издеп калды да таппай калды окшойт, - Кайдан алдың? - деди орой.

- Жерден.

- Макул, келе бер, - деди да Жуманын колунан жулуп алып басып бара жатып артына бурулду, кыязы ыраазылык билдирмек болсо керек, өзүнөн калбай келе жаткан чоочун жигитти көрүп кайра ары карап кетти.

- Чоң кыз, дагы бир нерсеңиз жокпу? - деди Жума катарлаша калып.

- Жок, баары жайында.

- Анда неге артыңызды карайсыз, буюмуңузду менин көзүмчө толуктап алыңыз, мен кеткенден кийин жаман ойлоп жүрбөй, - деди эле кыз: "Айтса айтпаса төгүнбү", - дегендей аны бир карап алды да четке чыгып сумкасын караган болду:

- Баары жайында, сизге рахмат, - деди жумшара, бул Алишердин карындашы Зымырат болчу, анын окууга тапшырганына бир жыл болгон, шаарга анча көнө албай жүргөн болчу, окууга өтүп тагасынын үйүндө турат, Алишердин үйүнө барбай койгон, жалгыз жашагандан коркуп ал жерге барбайт.

- Эчтеке эмес, капыстан кагып алдым ушунча ачууланасызбы?

- Ачуу келет да, эмнеге артымдан калбай келе жатасыз?

- Бараар жагыма бара жатам.

- Ушул жакта турасызбы?

- Ооба, чоң кыз таанышып албайлыбы, менин атым Жума, - деп Жума кызга жылмая колун сунду.

- Зымырат, - деди кыз дагы жылмая колун берип.

- Атыңыз жакшы экен.

- Макул мен кеттим, - деп бурула берди, кыз андан жөн эле качкан эле, - Мен бул жакта жашайм.

- Мен дагы ушул жактамын, сөзгө алаксып кетип жатыпмын да, - деп Жума дагы кайрылганда кыз калдастай түштү, - Мени сиз менен көрүп коюшса өлтүрөт, сиз кийин деле барыңызчы үйүңүзгө, - деп жалдырай айтканда Жума:

- Макул-макул чоң кыз, кабатыр боло бербе, эртең деле бара берем, - деди да токтоп калды.

- Эмнеге? - Кыз кайра бурулду, мен жарым саатта кирип кетем, анан сиз үйүңүзгө бара берсеңиз болот.

- Жо-ок, балким азыр дагы көрүп коюшкандыр, сиз бара бериңиз, мен каттым, - деди эле кыз ага таңгалып артына бурулду, улам артын караган сайын калыбынан жазбай тура берди. Зымырат эптеп далдоого барып андан кайра жолго чыкмак, Жума андан кайра чыгаарын сезип тротуарда эки жакты карап турса Зымырат эки жагын карап коюп шыпылдап кетип жатыптыр. Аны чоочутпай элдин шары менен аны акмалап кете берди... Ошентип Жума Зымырат менен сүйлөшүп калды, ал өзү кичи пейил, боорукер кыз эле, экөө бир жылдай сүйлөшүп жүрүп анан үйлөнмөк болушту. Жума бир жылдан ашык убакытта бир топ акча жыйнаган, баарын өзү даярдап коюп кызды жайкы каникулга чыгаары менен алып кетти, киши жиберип жеңетай тоюн алып келип кетишти. Ошол учурда Алишердин буту сынып ооруканада эле, аны Аида карап жаткан, Закир аялы менен, Калмурат, анын улуу баласы болуп беш алтоо кубалап келишти. Кубат менен Анара кубанып куда тозуп бака-шака түшүп үйүндө той болуп жатты, ошентип ал дагы үйлөндү, Токон менен Мээрим дагы жардам берип ошол жерде, Мээримдин экинчиси боюнда бар. Үлпөт той өткөрмөк болуп Жума ата-энесине кеңешип баарын даярдашып бир айдан кийин үйдөн өткөрмөк болду. Аида менен Алишер дагы катыша албады. Касиет менен Насият Кайдулаттардын карындашы эле, алар келди тойго, келини Нуржамал менен Арсенди ээрчитип келген. Нуржамалдын колунда балтыр бешик бала бар, атын Арген коюшкан, өзү дагы ага куюп койгондой окшош дагы, касиет жуунтуп жатып оң далысынын үстүнөн дал Аргендикиндей бармак басым капкара калды көргөн соң кудайга жалынып жети токоч, тогуз токоч өткөрүп өзүнчө эле убара болуп жүрдү: "Тобо айланайын, уулумдун эле өзү, түшүнө бекер кирбептир го, аман-эсен эле болушсунчу", - деп купуя коркуп жүргөн. Кийин көнүп кетти, кудайга миң мертебе жалынып алат, эми минтип алар тойдо отурушат, жүздөрү жайдары, бул кезде бир гана көз армандуу көз жашын төгүп үйүндө отурду, ал Сейил эле, өз тагдырына өкүнүп жаткан эле...

Аягы

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз



Поделиться