Айгүл ШАРШЕН


"Көз ирмемде бир өмүр"


Автордон


Бул жашоодо ак караны тааныгандан тартып, өмүрдү балкыткан бакыт менен көңүл иренжиткен арман адам баласын коштоп жүрөөрүн сездим. Өкүнгөнүм бардыр, дөөлөтүнө манчыркаган адамдардын кара өзгөй, пейли тар, таш боорлугу, кубанганым ичээрге ашы, кийээрге кийими жок адамдардын кең пейилдиги, адамдык сапатынын жогорулугу!

Адам баласы бул өмүрдөн өтөөрүндө: "кимге жакшылык кылдым, кимге жамандык кылдым, артымда жакшы сөз калабы же жаман сөз калабы?" деп өткөн өмүрүн көз алдына келтирсе керек?

Андыктан мен бул чыгармамды "Көз ирмемде бир өмүр" деп атадым. Анткени бул жашоодо көңүл калуудан өткөн арман жок экенин мен жон терим менен сезип олтурам. Силер мени кечире көргүлө, ата-энем. Силер жөнүндө азыноолак сөз кылганы турам. Ар бир ата-эне балалуу болгондо анын бактысы, келечеги жөнүндө ойлоп кам көрөт эмеспи, силер ошенте алдыңарбы??? Жок, жок, жок!

Силер өз өзүңөрчө шаар болуп кеткенде ортодо бейкүнөө бир кызыңардын мээримден, бакыттан... баарынан куру калып, томсоруп калганын сезбедиңер!!!

Анда сөз башынан болсун.



Айылдын этегинде эскилиги жеткен жапыз там, төмөн жагында эки түп өрүк, бири жапыз, бири узун. Үйдөн чыккан жалгыз аяк жол өрүктүн алды менен кыялап барып булакка такалат. Ал Коргошун-Булак деп аталат. Менин балалык күндөрүм ошол булактын айланасында өттү.

Бир үйдө үчөөбүз, таенем, агам, анан мен. Менден төрт жаш улуу агамдын мага бөлө экенин кийин билдим. Биз таенемдин эки кызынан экенбиз. Адиң акем улуу кыздан, мен кичүү кыздан. Мен ошондо эле баарын байкап, сезгич болсом керек. Бирок көп ыйлачумун. Мага таенем Адиңди менден жакшы көргөндөй сезилчү, анткени көбүрөөк таяк жечүмүн. Ыйлап качып тээ төштөгү тайакем Ынтымактыкына кетип калчумун. Ынтымак тайкемдин мен курдуу эки кызы бар болчу. Алар менен ойноп эки үч күн жүрүп, анан үйгө барчумун. Көрсө өтө ойноок, тил албаган кежир болсом керек. Айылдын балдары менен урушуп ыйлап келгенде апам мага болушуп алардын ата-энесине чейин бараар эле.

Коргошун булакты ыйык, ээси бар дегенин уксам да түшүнчү эмесмин. Ал менин балалык байоолугум экен көрсө. Бир жолу тунук, жайкысын тиш какшаткан булак суусуна колумду салып ичиндеги таштар менен ойноп жатсам чыпалактай болгон майда аппак балыктар булактын көзүнөн куушуп чыгып кайра заматта кирип кетти. Таң калганымдан көпкө дейре булактын көзүн карап отура бердим.

Бир кезде апамдын кыйкырган үнүнөн улам тура калып чакаларымды көтөрүп кыя жол менен өйдө чыгып бардым. Апам мен сууга кеткенде жок болчу. Ал келип камыр жууруганы жаткан экен. Сууну коюп кайрадан тызылдаган бойдон жетип бардым. Баягы апаппак балыктарды кайрадан көргүм келди. Бирок алар чыккан жок, тажаганда үйгө келдим да:

- Апа, булактын ээси балыктарбы? - деп сурап калдым.

- Эмне дейт, эмне болгон балык экен? - апам кайра менден сурады эч нерсеге түшүнбөй.

- Тиги Коргошун булактынчы?

- Аа-аа, аны ким билиптир балам, көргөн эч ким жок, ээси бар деп коюшат. - Апам кайдыгер унчукту.

- Апа, мен анын ээсин көрдүм, ээси балыктар экен!

- Ой кокуй күн оо-ой, ал балыктар атам замандан бери бар, бирок кызым ал ар кимге көрүнө бербейт.

- А мен көрдүм. Төрт-бешөө экен.

- Көрсөң көргөндүрсүң балам, жакшы болуптур, бирок чын эле көрүнгөнгө көрүнөт, бул жакшы жышаан, - деди апам ойлуу.

Ошол бойдон өз тиричилиги менен алаксып кетти. Мен болсо оюнга кирдим. Менин кыялымдагы эңсөөм ошол майда аппак балыктарды аңдып туруп алды. Бош болсом эле эки чаканы алып булакка жөнөйм. Эгер апам чакырып калса сууга бардым деп шылтоо айтмакмын.

Ошентип балалыгым бирде ыйлап, бирде кубанып өтө берди. Бир күнү дагы булакта отурсам апам кыйкырып калды:

- Миргүл, оо-ой Миргүл! - деп өрүктүн түбүндө туруп алып.

- Баратам! - мен чакаларды алып кыялап жөнөдүм. Бир кезде чакаларды жерге коюп тынып алайын деп чаканы койоорумда жолдо упузун боз жылан жатыптыр. Мен аны көрүп чаканы таштап жиберип кыйкырып үйгө карай чуркап бараттым. Чакалар ошол жерде калды. Апам:


- Эмне болду? - деди утурлай.

- Жылан, жолдо жатыптыр! - мен соолуктап ыйлап алгам.

- Коркпо балам, ал тиги өрүктүн ээси, ал эч кимге зыян кылбайт, - деп сөөмөйүн таңдайыма тийгизе апаптап койду да чакага жөндү. Мен болсо ошол эле жерден жылан кетпей жатып алгансып коркуп барбадым.

Үйгө кирсем төрдө бир чоочун аял отуруптур. Ал мени көрүп эле:

- Ий садага кетейин, чоңоюп калган турбайбы, - деп эле ордунан козголо калды, - кел бери, мен сенин эжең болом.

- Учураш эжеңе, - деди апам жаңы эле эшиктен кирип келе жатып. Мен аялдын жанына барганымда ал менин эки бетимден өптү да:

- Садага болоюн десе, чоңоюп калган тура, ушундайда атасына каттатып кой, кызга төркүн керек, кийин күйөөгө тийсе каттаганга жакшы, - деди ал мени жанына отургузуп.

- Кайдагыны айтып баланы азгырып жатасың эми, атасы жакшы болсо ушул менин колума келмек беле, - апам аны жактырбагандай сүйлөдү.

- Апей ботом, ал менин эле эмес сенин да бир тууганың, жалгыз байкуш эмне кылсын анан...

- Жалгыздыгын аяп, бир тууган экен деп багып отурам да, кана кызым бар экен деп бир басып келип койгону?

- Апей, ботом келет да, ага эле мынча эмне ачууланып алгансың, минтип аны жаман көргөндүн ордуна экөөнү сен эле жараштырып койо турган элең.

- Анын мурда аял алганына карабай жалгыз бөлөм деп кызымды бергем, жакшы эле аракет кылдым, анан эмне кылайын? -Апам кейий сүйлөдү.

Ошол бойдон экөө тең үндөбөй калышты. Менин ошондогу балалык сезимим алардын сүйлөгөндөрүнө анча маани бере албаганым менен менин да атам бар экенин билдим. Анан эшикке чыгып алып кыялдана баштадым: "Тиги Асанбек тайкемдей болгон атам бар тура, мени дагы Жүзүмканды, Букуш эжемди эркелеткендей кылып эркелетеби келип? Баса, ал кайда, эмне үчүн келбейт?" деп ойлуу тамдын артында олтурсам апам кыйкырып калды:

- Миргү-үл, ыя Миргүл!

- Эмне-е, баратам.

- Үнүң өч, бас эрте!

- Азы-ыр. - Мен дароо жетип келсем сууга жумшады.

- Кечке жүрө бербей эртерээк кел уктуңбу, конокко тамак асабыз.

- Ооба, -Мен жүгүрүп булакка келдим да, - Ээй булак, билдиңби, менин дагы атам бар экен. Менин атам бар, бирок мен аны көрө элекмин, көргөндө айтам, - дедим да суу сузуп алып чакадагы сууга этегимди малып албайын деп кармап алдым. Менин энтиге сууну көтөрүп кирип келгенимди көргөн апам:

- Бөксө эле куйбайт белең, күйүкпөй, - деди боор ооруй.

Сууну үйгө киргизип коюп анан үйдүн артындагы калың түп чийдин жанына барып отуруп алдым. Сабакты ортодон жогору окучумун, айрыкча кыргыз тил-адабиятынан жакшы элем. Агайым Абди Салиев деген мага ар дайым: "Сен эгер ушул бойдон окусаң жакшы, сенден бирдеме чыгат" деп койчу. Биздин класста бутунан аксаган Токон деген бала бар болчу. Сабакты абдан жакшы окуучу эле, алар менен катар Бүкөн, Өмөр дегендер да алдыңкылардан эле. Баса, Турусов Максат да жакшы окуйт болчу. Класс жетекчибиз Күчүк Турдакунов деген агай негедир Токонду аябай уруп сабай берчү. Бир жолу сабакка кечигип келди эле, агай журнал менен башка чаап:

- Эй чолок, сен оку сабакты, жакшы окусаң адам болосуң, кетмен чаба албайсың, тигилерге теңелбе! - дегени такыр ушу кезге чейин эсимден кетпейт.

Балалык күндөр байкалбай өтүп, алтынчы класска окуп калгам. Сабактан келсем үйдө баягы "эжем" отуруптур. Мени көрүп эле:

- Ий-ий садага болоюн десе, бойго жетип калган тура, - деп менин бетимден өөп, - мына чоңойот, жетилет деген ушул - деп эле бабырап дагы көп сөздөрдү айтып кирди. Адиң акем айылдык балдар менен сабактан кийин эле суу бойлоп кайрымак менен балык уулап кетип калышчу. Ошол тушта ал да үйдө экен. -Садага, мен сени атаңа алпарып тааныштырайын деп келдим, барасыңбы? - деп мени карап калды. Мен киймимди алмаштырып жаткам.

- Эмне деп жатасыз, атасы ким экен, ушунча чоңойгуча келбеген атанын буга эмне кереги бар? - деп акем тигини кагып салды.

- Опей ботом, атасы болсо айтам да, колу бошобой келе албай жүрөт ал деле...

- Кереги жок, мындан ары келсеңиз жөн келиңиз, ар кайсы сөздү сүйлөбөй! - деген акем сыртка чыгып баратканда алдынан апам чыга калды.

- Дагы эмне деп эле балдарга сүйлөп атасың? Ушу сеники өттү деле, "күйбөс катын кошокчу" болуп. Менин балдарым менен кандай ишиң бар ыя? Келсең жөн келип жөн кетсең боло. - Апам да ачуулана кагып койду.

- Ботом, мен эмне дедим? Чындыкты айттым, же атасы экени жалганбы? Менин биякка келээримди угуп ала кел дегени ырас, - тигил аял ыңгайсыздана отуруп калды.

- Балдар чоңоюп калды, аларга ар кайсыны сүйлөй берсең жаман көрөт. Кел, жакшына болуп менин сыйымды көрүп, анан кете бер да!

- Койдум-койдум деги, ушуларды өзүң жаман үйрөткөн турбайсыңбы, - деп мурчуя таарынып калды.

- Эже, ушуларды кандай гана кылып бакпадым. Акеним, Аюум деп өстүрүп келатам, кана ким жардам берди? Эки кыз болсо өздөрүнчө үй күтүп кеткенден кийин өгөй атага кор болбосун деп жүрбөйүнбү! - деп апам бышактап калды. - Жашымда жесир калып эки кызды бактым. - Апам унчукпай калды.

- Аның ырас айланайын, бирок "ала кушту атынан айт" деп, баары бир угушат, билинет, ошон үчүн өзүң айтып түшүндүрүп турганың оң.

- Ой Гүлү эже, мен айтам, бирок булар укпай жатпайбы. Айрыкча тиги Акиним өз атасы келсе да жолотпой койбодубу.

- Эмне, анын атасы келди беле?

- Келбей анан... - апам андан ары эшикти карап коюп үндөбөдү.

Кыязы акемди угуп коёт деген го. Мен эч нерсе дебедим. Болгону менин атамдын эжесинин аты Гүлү экенин билдим. Мага эмне мынча күйүп бышат, түшүнбөдүм. Ошол кезде Сагындык Өмүрбаевдин: "Бороондуу күндөр" деген китебин окуп жаткам. Мен китепти алып өрүктүн түбү жакка басып кеттим. Өрүктөр саргая баштаптыр, ал жерде эки кичинекей бала ойноп жатыптыр, кууп жибердим. Алар саргайган өрүктү күбүп жей беришчү, ушул тушта аларды негедир жек көрүп турдум. Эмнеге, өзүм да билбейм. Адиң акем эшиктин алдында велосипед оңдоп отуруптур.

- Эй кыз, бери кел! - деди ал мага кол жаңсап.

- Эмне болду? - мен китепти колума кармай жетип бардым.

- Муну кармап турчу, бурап алайын, - ал чалкалап турган велосипедди мага карматты.

- Бекем карма! - деп мага буйрук бергенде бир колумдагы китепти жерге кое коюп эки колдоп кармадым. Ал оңдоп бүтүп, насос менен үйлөтүп бүткөнчө Чоро менен Артис таякем келип калды. Үчөө кайрымактарын көтөрүп алышып эки суунун кошулган жерине кетишти. Мен кайрадан өрүктүн түбүнө келип, жатып алып китеп бетин ачканым менен эжем менен апамдын сүйлөшкөн сөздөрүн эстеп окуй албадым. Анан китепти ачкан бойдон башыма жазданып чалкалай жаттым. Асман көкмөк болуп күн төбөдө жаркырайт: "Чын эле менин атам бар болсо неге мага келип кетпейт, эмне анын акчасы жокпу?" деп ойлоном. "Адиң акемдин атасы келген тура, ал тургай жанагы велосипедди ошол таштап кеткен акчага алышыптыр. А менин атам неге ошентпейт?"

- Миргү-үл! - деген үндөн тура калсам, апам: - өлүгүңдү көрөйүн десе, үйгө турбайт дегеле, чай ичпейсиңби? Акен кайда кетти?

- Балыкка, - мен ордуман туруп үйдү көздөй бастым. Чай ичип отурдук. Бул ирээт эжем мага эч нерсе дебеди. Апам бир нерсеге сыртка чыгып кетти эле:

- Ай кыз, мынабу акчаны ал да Токтогулга барсаң, андан ары Сортовой деген автобуска түшөсүң. Аерден Шакен дегендин үйү кайсы десең баары таанышат. Уста Шакен! - деп шыбырап колума кызыл он сомдукту карматып жатканда апам кирип келди. Мен пияладан чайды ууртап жатып көзүмдүн төбөсү менен апамды карасам ал эч нерсе байкабагандай. Ал күнү Гүлү эже кетти. Биздин жашоо күндөгүдөй улана берди. Улам күн өткөн сайын окуу жылы жакындап келатты. Ошол жылы мен жетинчи класска бармакмын. Апам мени эртең менен эрте тургузуп алып:

- Почтага барып пенсиямды алып келе кой, Акен экөөңдүн окууң кирип келди. Кийим-кечеңерди даярдайын, - деди.

Мен ордуман туруп чай ичип алып почтага жөнөдүм. Барсам почточу Тынаалы бар экен, дароо эле апамдын пенсиясын бере койду. Мен акчаны алып үйдү карай келе жатсам алдымдан автобус чыгып калды. Аны көрүп оюм бузулду, эжем берген он сомду жок кылып койгом, эми колумдагы он эки сом менен кетип калгым келди: "жок, апам кейип калат го, андан көрө окууга даярданайын" деп ойлондум да, кайра "кете берсемби, атамды таап алсам жакшы эмеспи, кой бара берейин" деп, автобустун кайрылып келээр жагын карап туруп калдым. Бир топто автобус келип калды. Кол көтөрүп токтоттум да түшүп алып ичин бир сыйра карап көрдүм, мен тааныган эч ким жок экен, эс ала түштүм да бош орунга отуруп жөнөп кеттим...

Түш оой Токтогулдун айалдамасына келип жеттим да, катар турган автобустун маңдайын карап жүрөм. "Сортовой" деген жазууну таба албадым. Акыры бир кишиден сурадым.

- Аке Сортовойго ушул жерден кетеби?

- Ооба, бирок кетип калбадыбы, эми эртең болот, акыркысы кетип калды.

- Эми кетпейби? - Мен айлам кете сурадым. Анткени бул райондун ичинде таанышым болбогондуктан кайда бараарымды билбей коркуп да кеткен элем, - жөө барса болобу?

- Оо кокуй, сен жөө жетмек кайда, бара албайсың, андан көрө бүгүн бир жерге жатып алып анан эртең эртерээк чык! - деди тигил бейтааныш адам.

- Бул жерде таанышым жок, кайда барам?

- Анда-аа, - деп тигил бейтааныш адам ойлоно калды да, -Анда жүрү менин үйүмө жатып ал, эртең менен салып коем - деди.

Мен аны ээрчий басып бараттым. Көп узабай эле чоң дарбазалуу үйгө жетип кирип бардык. Үч-төрт бала менен бир аял мени таңдана карап туруп калышты.

- Бул кыз Сортовойго бармак экен, автобуска жетпей калыптыр, бул жерде таанышы жок экен.

- Аа-аа, мейли, деген тигил аял мени бутуман башыма чейин бир карап алды да, - Кел... келип отура гой, тамактанып алып анан балдар менен ойной бер! - деп ашканасын көздөй кетти.

Экөө менден кичүү кыздар экен, бири улуураак. Алар мени тегеректеп атымды сурап калышты. Бат эле ойноп кеттик.

Ал күнү ал жерге жатып алдым да, эртеси эртең менен мени үй ээси ээрчитип келип он тыйын төлөп коюп салып койду. Бат эле Сортовойго жетип келдик. Автобустан түшүп эле бир аялдан сурап калдым:

- Эже, Шакен деген кишини билесизби?

- Кайсы Шакен? Бул жерде үч-төрт Шакен бар, Шакен таз, ууру Шакен, уста Шакен... анан чолок деген, кайсынысы?

Мен токтоло калдым, анткени унутуп калыпмын, эстей коюп:

- Уста Шакен болуш керек! - дедим аны үмүттүү карап.

- Жүрү, - деп ал мени ээрчитип жөнөдү. Бир эки көчө баскандан кийин, -тээ тиги машина турган жерге барсаң ошонун ары жагында, ошол жерден сурасаң эле табасың! - деп ал аял жолуна түштү.

- Макул, рахмат! - деген бойдон жүгүрүп бараттым. Машинадан өткөнүмдө жолдо бир киши туруптур, мен андан сурадым:

- Аба, ушул көчөдө уста Шакен дегенди билесизби?

- Аа-аа уста Шакенби, мына ал бул эле үйдө жашайт! - деди экинчи үйдү көрсөтө кол жаңсап.

Мен токтолбой шаша басып бараттым. Ал үйдүн эшигине жеткенимде баам салып карап, кирүүдөн тартынып туруп калдым. Тээ огород жагында бир киши күрөк көтөрүп бир нерсе менен алек болуп жүрүптүр.

- Аба, сиз Шакен дегенди билбейсизби? - деп аны карап туруп калдым эле ал бери мени көздөй келе жатып:

- Кайсы Шакен? - деп кайра менден сурады.

- Уста Шакенди, - мен аны үмүттүү карадым.

- Эмне кылат элең?

- Ал менин... Ал менин... - мен мукактана сүйлөй албай жашка мууна түштүм. Ал ошондо колундагы күрөгүн таштай коюп:

- Сен кимсиң? - деди.

- Мен Миргүлмүн, Тельмандан келдим!

- Кел, келе гой, келген экенсиң го?! - деп кулачын жая бери басты.

Мен да жетип барып анын көкүрөгүнө боюмду таштадым да үнсүз ыйлап жаттым. Ошондо ал да бүткөн бою сүлкүлдөп ыйлап жатканын сездим. Бир кезде ал мени колумдан ала жетелей үйүн көздөй басканда босогодо эки кичинекей кыз менен бир бала көтөргөн аял бизди таңдана карап туруптур.

- Мына, силердин эжеңер келди. Кана, эжеңер менен учурашкыла! - деди Шакен кыздарына карап.

- Кел, чоңойдуңбу? -деген тармал чачын өтө узун болбосо да эки бөлүп өрүп койгон аял баласын көтөргөн бойдон жактырбагандай түр менен үйгө кирип кетти.

Биз анын артынан эле үйгө кирдик. Дасторкон жайып үстүнө болгон даамын коюп, ал күнү абдан жакшы эле коноктоду. Бирок ошол эле күнү мен ал жерде көпкө кала албасымды сездим. Менин балалыгым, өскөн үйүм мени бат эле сагынтып өзүнө тартып туруп алды. Бир жумадай жүргөн соң мага бир сыйра кийим-кече алып берди да атам мени менен автобуска түшүп Токтогулга келип экөөбүз жол боюндагы бир үйгө келдик. Ал үйдө бир кары аял бар экен. Ал Шакендин эжеси экенин билдим, мени өөп, анан үйүнө киргизди. Ал күнү ал жерде түнөдүм. Эртеси атам колума кызыл он сомдуктан салып койду. Ошентип менин атама эркелейм деген оюм, куру кыялым текке кетти. Анткени мен бөлөк өсүп калган экемин, боор бере албадым. Экинчиси, чоңоё түшкөндүкү го. Таттуу кыял, эңсеген бактым шамал учургандай заматта жок болду. Ал турсун "атам деп атабайм" деген ойго да келдим. Автобустан түшүп эле үйдү көздөй жүгүрдүм. Мен келгенде апам үйдө жок экен, акем отуруптур.

- Кыз болбой жерге кир десе, каякта жүрөсүң издетип?.... - деди ал мени карап.

- Ушул жакта эле... - мен жер карап күнөөлүү күңк эттим.

- Апаң сени өлтүрөт, издебеген жери калган жок, айтып кетпейсиңби! - деди.

- ?

Мен унчукпадым. Ички үйгө кирип кийимдеримди чечип анан атам алып берген китепти карап окуп жаткандай болуп отуруп алдым. "Эми апам мени урат го?" деп ичимде коркуп аттым. Бир кезде апам келип мени көрүп эле:

- Ийи өлүгүңдү көрөйүн, кайда жүрөсүң ыя, айтпай-дебей кетип калып жинди болдуңбу? - деп жаза-буза чаап анан кайра кучактап өөп койду чекемен, - "бөрү баласы ит болбойт" деген ушул да, - деп талпакка отура кетти. Мен анын урушпаганына кубанып колумда кармап турган акчаны бердим. Апам мени бир, акчаны бир карады да:

- Муну өзү бердиби же...? - деди мага ишенкиребей.

- Өзү берди, Тыпы деген эжесинен алып берди.

- Аа-аа байкуш жетим, аялынан өтүнө алган эмес экен да, болбосо анда жок дейсиңби? - деп ойлуу отуруп калды, - Колунан көөрү төгүлгөн уста, табышкер, - апам кайрадан үндөбөй кыңкая кетти.

Ошол бойдон эч кимибиз унчуккан жокпуз. Акем болсо бая эле достору менен топ ойномокко кеткен.

Жетинчи класска кирип жаңыдан окуй баштаганбыз. Адиң акем онунчу класста окуп жатканда комсорг болуп мектептин дубал газетасын да, сүрөттөрүн да өзү даярдачу. Кийинки кездерде тогузунчу класстын комсоргу акеме келип-кетип жүрдү. Негедир мен аны көргөндө чоң кыздардай көрүнүүгө аракет кыла баштадым, ал турсун алардын жанына бир нерселерди шылтоолоп бара берчүмүн. Алар сөзсүз мектептеги комсомолдор жөнүндө сүйлөшүшчү. Ал келбей калган күндөрү жол карап тымызын күтө берип, үйгө кирип-чыгып тынчым кетчү. Көрсө мага ошондо эле оттон, суудан кайтпаган, кайталангыс аруу сезим, унутулгус таза сүйүү келген экен. Мен ал кезде өмүр бою бир гана ошол деп жүрүп өтөөрүмдү сезбегем. Азыр да "Кайыкта" деген ырды ырдап, айылдык жаңыдан бой жетип келе жаткан өспүрүм кезимди эстеп унуталбай келатам.

Жаз маалы болчу. Бүт окуучулар арык чапканы барганбыз, бизден жогору алардын классы түшкөн. Менин эки көзүм эле анын кыймылында. Адиң акемдин сүйлөшкөн кызы бар алардын арасында. Ал дайыма менден акемди сурай берчү. Ошол күнү дагы сурап калды эле, мен ага жооп берип анан ага өзүм даярдап койгон төрт бүктөм кагазды сундум. Ошондогу менин балалыгым, байоолугумду кара, болбосо... Ачыкка чыгып уят болом деп ойлобоймунбу, анткени ал кезде аны абдан жакшы көрүп, эмнегедир азыр көрсөм кайра эле көргүм келе берчү. Кечке арык чаап жүрүп эки көзүм эле аларда болуп жатты. Кеч тарадык. Эртеси классташ кыздарым деле, коридордон кирип бара жатсам башка класстын кыздары деле мени карап шыбырашып калышат, мен карасам унчукпай калат. Менин кат жазганым бүт мектеп боюнча жайылып кетти. Эптеп чейрек бүткөнчө окудум да уялганымдан эч ким менен сүйлөшпөй калдым. Кийинки жылы Максим Горький мектебине которулуп кеттим. Бирок мен аны жүрөгүмдүн түбөлүк ээси катары унута албадым, элеси көз алдымда, үнү кулагымда, китеп окуп отурсам тамгалар арасында. Мени артымдан же терезеден карап тургандай сезиле берет.

Ошентип балалыктын эстен кеткис, айтып бүткүс, көңүл толкуткан, жүрөк ооруткан күндөрү байкалбай өтө берди.

Кружокко катышып калдым. Эркинбек Батырканов менен Шахра Талипова биздин жетекчибиз. Бир күнү Эркин агай чогуу хор ырдап жатканда биринчи мени "катардан чык" деди хорду токтотуп. Колун жаңсап кайра ырдап жатканда дагы бир Төрөкүл деген менден эки класс мурун окуган кызды чыгарды. Мен ичимден: "менин үнүм жакпай калган го?" деп бушайман болуп жаттым. Анан эле он, он бештей кыздар-балдарды чыгарып туруп хорду баштатты. Көрсө үнү бийиктерден тандап жекече номерге даярдаганы жатыптыр.

Күндө сабактан кийин калып даярданабыз. Ошол күнү мен коридордо кетип жатсам каттар турчу терезеде кат турат. Кайдыгер эле аны карап көрөйүн десем, анын колу. Жүрөгүм лакылдап кетти. Акырын алып сумкама салдым да сырттан балдар киргенче китептин ичине салып окуп кирдим.

"Миргүл, - деп башталыптыр ал кат, - сен азыр жашсың, окушуң керек, сүйүү деген сенден эч жакка качпайт, адегенде окуп билим ал, анан сүй! - деп "Т". Бактылуу бол! 1972 ж. 14.10."

Негедир катты окуп алып ыйлагым келди. Үйгө кетейин десем кружоктон калам. Акыры кыздарга: "ооруп жатам" деп калп айттым да кетип калдым. Үйгө келгенден кийин чечинбей эле сумкамды коюп фартугумду чечип туруп чака көтөрүп дарыяны көздөй жөнөдүм, жолдо кетип жатып кайрадан катты окуп чыгып эчкирип ыйладым, Дарыянын кумдуу жээгине барып эңкейип суу сузуп алайын дегенимде бутум тайып кетип эми сууга түшүп кетээримде артымдан бирөө тартып туруп ыргытып жиберди. Үч төрт метрдей алыс барып жыгылдым да, Жүкүндү көрүп таң калдым. Анын кайдан келип калганы белгисиз.

- Этиет болбойт белең, кум менен кирип кетсең кайдан чыгасың, билесиңби? - деди ал мага карап.

- Билем, - Мен ордумдан туруп жатып жооп бердим, - А сен кайдан келдиң?

- Мен сени менен кошо эле артыңдан келбедимби?!

- Чын элеби?

- Жалган айтып мен эмне.

- Рахмат сага.

- Эч нерсе эмес, - деп ал менин чакаларымды алып суу толтурду да: - эмне, жигитиң капа кылдыбы? - деди жылмая.

- Кайдагы жигит.

- Анан эмне... - деп Жүкүн унчукпай калды.

- Аа-а жөн эле... - мен да сыр билгизбей жооп берип койдум.

Ошентип Жүкүн экөөбүз эки чаканы көтөрүп жөнөдүк. Жүкүн менин классташым эле, абдан бейбаш балдардан болчу. Апасын кара "кемпир" деп коюшчу кошуналардын баары. Ал мени "келин кылып алам" деп тамашалай берээр эле. Жүкүн экөөбүз урушуп кайра табыша берчүбүз. Үйгө келгенден кийин колумда бырышып-тырышып калган катты бекем катып алдым. Аны менин өмүр бою наристе сүйүүмдүн эстелиги, өчпөс изи, сезимимдин ыйык тумары катары алып жүрбөдүмбү!

Ошол жылы жекече номерди аткарып сахнага биринчи чыкканын эсимде. Мурунку маданият үйүнүн артисттеринин кийимдерин бизге берип сахнага кийип чыгууга даярдап жатты. Ошондо менин энчиме Асылкүл Боорсокбаеванын көйнөгү туш келди. Ошондогу менин толкунданганымды айтпа!

Мына сахнага чыгуучу убакытым да келип калды. Жүрөгүм дүк-дүк этип адегенде теше тиктеп турган көздөрдөн сүрдөсөм да ырымды баштаарда баягы калтырагым жоголуп кетти. Менин ошол биринчи эл алдына ырдап чыккан ырым "Ала-Тоо" деген ыр эле:

Булагың чертсе миң кыял

Жүрөккө толгон күү сыяр.

Болгондо эмне мен акын

Тикмекмин ырдан жаш чынар! -

деп залдагы мени тиктеген көздөрдөн көзүмдү ала качып эңкейе жүгүнүп калганымда эл дуу эте кол чаап жиберишти. Эки-үч жолу ийиле жүгүндүм да жүгүрүп көшөгөнүн артына чыктым. Ошондо билдим элдин ушунчалык сүрдүү экенин. Анткени менин бир гана оюм турду, "жаңылып, же жакпай калбасам экен" деген. Ошондон кийин Шахра эже мени кружоктон чыгарбай койду, өзүм деле ырдаганды жакшы көрчүмүн.

Күндөр кубалашып аккан суудай аркырап өтө берди. Менин да жаштыгым, балалыгым билинбестен көзгө илээшпей улам артта калып жатты. Аңгыча биздин жерди көл баса турган болуп, элдин баары өз элине көчүп кетип жаткан. Биз да элден калбай айылга көчтүк.

Ал жерден "Өзгөрүш" орто мектебине кирип окуй баштадым. Акыркы класста элем. Эмнегедир сабакка келгенден баштап класстан такыр чыкпайм тараганча. Анткени мен "В" класста болчумун. "А" менен "Б" класстын балдары аябай бейбаш экен, кыздарды сүйрөп кирип эле кучактап өөп жүдөтө берчү. Мен ал жерде Жамалкан деген кыз менен бир партада отуруп калдым. Ал дагы көп сүйлөбөгөн кыз, экөөбүз отуруп алып ырдап же сүйлөшүп күлүп калчубуз. Бир жолу Бектемир Жамалкандын артынан келип байкатпай өөп койду эле, ал урушуп кетти.

-Ушу сага өптүргөн бетти кесип эле ыргытып жибербейинби! - деди ызалана.

- Көрөбүз! - Бектемир да андан калбай эрегише түштү.

Ал бою кичинекей бала болчу. Бетинде сепкили бар. Ошол бойдон биз деле кайрадан баарын унутуп калганбыз. Бир күнү дагы Жамалкан экөөбүз ырдап отурсак балдар да класстан чыкпай парталарында отурушат. Эч нерсе оюбузда жок эле. Анан эле Бектемир келип Жамалканды кучактап өөп алды эле балдардын баары жабыла:

- Ийи Жамыш, ушул Бектемирге өптүргөн бетиңди кесип ташта эми! - дешип эле күлүп каткырып калышты.

Көрсө ошондо балалык ойноо кез тура. Болбосо эмне, бири-бирибизден көңүлүбүз калаар-калбасын ойлоп койбогонубузду кара! Эми ошол күндү сагынып, өткөн жаштыгыбызды кайрып алууга кудуретибиз жетпей, жолугушууга зар болуп өмүрдүн белесине өрүүлөй чыгып баратпайбызбы!

Жылына бир жолу болчу кароого даярданып жаттык. Бул жолу Рыскан Ормонова деген эжеке жетекчилик кылды. Ошол убакта жаңыдан чыгып ооздон түшпөй ырдалып жаткан "Бакытбегим" деген ырды ырдамай болдум. Ошондогу залда отурган элдин дүпүлдөтө жер тепкилеп коштогону ого бетер көңүлүмдү көтөрүп ушунчалык шаңдуу ырдадым окшойт, сахнадан түшүп келе жатканымда жабалактаган бейтааныш окуучулар алдымды тосуп куттуктаса бир тобу ырды жазып берүүмдү суранышты, мен эң акыркы кезекте чыга турган "Жетиген" мектебинин окуучусу Эргешбай деген балага жазып бердим.

Кызыктын баары мен кароодон келип үйгө кирээрим менен башталды. Апамдын бир тууган агасынын кызы Уюмкан деген таежебиз бар эле. Ошол кезде ал үйдө отуруптур.

- Ийи, өзүңдү өзүң билип, өтүгүңдү төргө илип калган экенсиң да, карыган энеңдин тилин албай, тууп кетип жүрбө! - деп кыйкырып кирди.

- Эмне болуп жатасыз, мен эмне кылдым? - мен дагы тилимди тартпай каяша айтып жибердим.

- Эй кыз, сен мага каяша айтканга жарап калдыңбы ыя, кара муну, тилиңди кесип ташташ керек! - деп ал айкыра баштады.

- Билгениңди кылып алчы, сенин кандай тиешең бар бул жерде?! - деп мен да ыйлап ага кыйкырдым, - бизди уруштурбай жөн тур!

Апам болсо үндөбөй олтура берди. Мен болсо тилимди тартпай сүйлөп да ыйлап да жаттым, ал бир убакта менин чачымдан кармап чаап жиберди. Ошондо сырттан Адиң акем кирип келди.

- Эмне болуп кетти? - деп мени, бир апамды, бир таежемди карап туруп калды.

- Эмне болмок эле, эжем байкуш алы-күчүнүн барында силерди багып чымчыктай чыркырап жүрүп чоңойтуп койсо эми өзүңөрдү өзүңөр билип... - деп Уюмкан эже сөз баштады.

- Өзүбүздү өзүбүз билип эмне кылып атыптырбыз? Эжем экен деп дагы сизди сыйлайын, биздин жашообузга киришпей жөн жүрүңүз! - Акем кийимин чечингени ички үйгө кирип кетти.

- Ийи өлүгүңдү көрөйүндөр десе, жерден боорун көтөрүп алгандан кийин ушуну кыласыңар да, мынабу өлүгүңдү көрөйүн кароону эмне кылат имиш, ырдайм деп төрөп койсо эжем тартат убайын.

- Койчу эже, ушундай сөздүн эмне кереги бар, кайдагыны айтып апамдын да башын айланткан турбайбы? - Акем апама карады. - Эй апа, айтпайсыңбы, сен бактың беле же мынабу сиңдиң бакты беле? Бир нерсеси короп калгансып кыйкырып жатат го, бирдеме дебейсиңби? Болбосо көрүнгөндүн ур-токмогуна калтырбай муну энесине жеткирип берем! - деди ачуулуу.

- Эмне кылайын балам, менде эмненин акылы дейсиң, баарыңардын көңүлүңөрдү калтыруу мен үчүн кыйын, бирок силерде менин гана эмгегим зор, башка эч кимдин тиешеси жок, мен картайып калган көрүнөм.

- Ушинтип отурсаң сенин жумшактыгыңды билип алып келип балдарыңа чоңдугун көрсөтүп жатпайбы, барып сиңдиңдин балдарын тилдеп көрчү, эмне дээр экен?

- Менин балдарым силерге эмне кылып жатат? - деди Уюмкан эже апама карап, - балдарыңды жаман өстүргөнсүң, улуу-кичүүнү карабайт.

- Мени жайыма койчу кагылайын, карыганда мен ушуларга жек көрүнбөйүн.

- Аа, эмне болсоң ошол бол, аталуу-энелүү кыздар деле ырдабай этпей эле үйүндө жүрүшөт. Кызың тууп кетпесе мага кел!

- Анда сенин ишиң болбосун, бизди өз жайыбызга кой, болбосо мен муну азыр эле сенин токмогуңду жегизбей эжесине жеткирип берем! - Акем мени колдон ала жетелей жөнөдү. - Бас, сен бул жерге ашыкча болуп калыпсың, апамды сиңдиси карап багып алсын, кеттик!

- Акен, Акен! - Апам эки колун алдыга созгон бойдон кала берди.

Биз Адиң акем экөөбүз эжем Дарийканын үйүнө келдик. Эжем бизди көрүп эле чоочуп кетти:

- Эмне болду силерге ээрчишип, апамды жалгыз калтырып койдуңарбы?

- Ооба , сиңдиси Уюмкан келип багам дейт!

- Ал эмне келиптир?

- Кайдан билдим, эми эле короодон келген Миргүлдү чачтан алып урушуп тилдеп жатыптыр.

- Анын эмне иши бар экен?

- Билбейм.

- Сен бирдеме дедиң беле? - эжем мага карады.

- Жок, эч нерсе деген деле жокмун, мен эшиктен кирээрим менен эле өзү кыйкырып кирди.

Эжем үндөбөй калды. Эмнени ойлонуп жатканын билбедим. Акем бир аздан кийин кайра кетээрде мага:

- Сен бул жерде боло бер, анан көрөбүз, - деди.

- Мм, - деген бойдон калып калдым.

Бирок мен бул үйгө чоочун элем. Анткени эжемдин күйөөсү Сапар мени жаман көрчү, кыскасы экөөбүздүн жылдызыбыз келишчү эмес. Ошентип мен ал жерде канчалык көңүлсүз болсом да аргасыз жүрө бердим. Акыры экзамен бүтүп биз Чоңдөбөгө чөп чабууга жөнөдүк. Жаштыктын эстен кеткис көңүл эргиткен жылдарынын акыркысы да алгачкысы да ошол он беш күн болду бейм.

Чоңдөбөгө баргандан кийин эртең менен туруп бешилик көтөрүп алып тескейлердеги чөптөрдү ылдый көздөй сүрүп түшөбүз да кайра өйдө чыкмагыбыз азап. Кымыздыктын түбүн жерден казып алып аарчып жеп, ойунга тойбогон балалык кез. Кечкисин ар кайсы жактан балдар келип "третий лишний" деген оюнду ойнойбуз. Ошондогу балдар өрүлгөн жоолук менен оролто чапканда кызарып ооруган буттарыбызды сыйпалап алып эле кайра ойной берээр элек. Онунчу "б" класста Токторбай деген өтө бейбаш, балдарды тескери үгүттөгөн бала бар эле. Ошол: "кыздардын баарын ушул он беш күндө үйүнө кыз бойдон кетирбейм!" дептир деген ушакты угуп алып, кечпи же күндүзбү топтошуп жүрчү болдук. Акыры он беш күн бат эле билинбей өтүп, айылга келдик да аттестаттарыбызды алып үй-үйгө тарадык. Ошол жылы мен окууга барам деп чыктым. Эжем менен жездем кеңешип Майлы-Сайдагы медучилищага алып барабыз деп калышты. Акыры жездем мени менен Майлы-Сайга жөнөй турган болуп жолго чыгып калдык. Көрсө мен абдан кечигиптирмин, баардык окуу жайлардын баарында документ тапшыруу аяктап калган экен. Жолдон эле ошол айылдан жолуккан жездемдин таанышынан уктук. Ошондогу менин ызаланып ыйлаганымды айт! Эжем мени сооротуп:

- Быйыл тамеки алып багалы, сага жаздырып коеюн, анан эмдиги жылы окууга жиберем, жолдомо менен барсаң өтөөрүңө жакшы, - деди.

Мен ага макул болдум. Тамеки алып бактык, күзүндө жыйым-терим бүткөндө совхоздо жаштардан курулган "Алга" деген бригада түзүлүп ага мүчө болуп иштей баштадым. Жетекчибиз Жумагүл Адилбаева менин классташым эле. Бригадабызда бизден кичүүлөр да, бир жаш улуулар да бар болчу. Жумуш убактысында үлгүлүү эмгектенип, тартип менен иштечүбүз. Кечкисин жумуштан тарагандан кийин музыкант Байжээн Кулматов бизге келип ар дайым бир-эки саат ойноп-күлүп, анан тарачубуз. Анткени ошол кезде совхоздордо эмгектенген жаштардын көңүлдүү эс алышына шарт түзүп берчү. Биздин арабызда Асан деген совхоздун жумушчусу ар дайым келип, бийлесек бийлеп калчу. Ал негедир эле көзүн кадай берчү, мен ага тамашалап:

- Ай, айтчу сөзүң болсо жалдырабай айта бер да, алдагы көздөрүң өрттөп жиберди го?! - деп калчумун. Ал жылмайып эле тим болчу, өзү абдан жоош, бир мүнөздүү эле. Ошентип жүрүп же сөз айта албай, же көз салганын койбой жүргөндө мен Сатыкей деген жигит менен таанышып калдым. Бирок менин жүрөгүмдө жигиттерге орун жок болсо да, убакыт өткөрүп тамашалашууга аны өзүмө "жигит" кылып алдым.

Сатыкей орто бойлуу, арыкчырай кара тору жигит. Денесине чыпталган свитер менен өзүнө жарашып, көзүнө көзайнек тагынып алса сымбаттуу көрүнүп калаар эле. Экөөбүз жумуштан кийин анын трактору менен жолго чыгабыз. Үйдөн алысыраак токтотуп түшүрүп койот. Биз ошондо деле ойноок экенбиз, эми ойлосом. Сатыкейдин айткан сөздөрүнө каткырып эле жооп бербей башка сөзгө буруп кетээр элем. Чөп тартканда чогуу беш-алты кыз иштейбиз, балдар бизге ташып берет. Кээде жүгөрү сорттойбуз. Кыскасы, күздүн күркүрөгөн токчулуктуу убагында совхоздун толгон жумуштарын жасайбыз. Ошону менен катар ыр-күү менен көңүл ачабыз. Жаштыктын кайталангыс асыл мүнөттөрү ошентип күлгөн күлкүбүз ак сарайды жаңыртып өтүп жатты. Сатыкей бир күнү узатып келе жатып:

- Миргүл, эртең эрте Шопок совхозуна барганы жатам. Кел мени менен барып кел, экөөбүз барабыз, - деди менин колумду кармалай.

- Болуптур, канчада жөнөйсүң? - Мен токтолбой жооп бердим.

- Жумушка эрте келсең мен күтүп турам.

- Макул, - Мен аны менен коштошуп үйүмө кеттим. Сатыкей бир аздан кийин тракторун айдап артына бурду. Артыма кылчак карасам арыраак узап барып тракторун токтотуп мени карап колун булгап койду да, зуулдата айтап көчөнүн бурулушунан көрүнбөй калды.

Жүрөгүңдө сүйүү оту жанбаса жаныңда жүрөгүн сууруп берүүгө даяр болуп жүргөн жигиттин далбастаганы эч нерсеге арзыбай калат экен. Мен Сатыкей менен тамашалашып гана ойноп-күлгөнүм болбосо, ага деген сезим такыр жок эле.

Эртеси күндөгүдөн эрте туруп жумушка жөнөмөк болуп жатсам эжем:

- Бүгүн эмне мынча эрте жөнөдүң? Ак сарайдын ачыган жармасын сагындыңбы? Бирдеме ичип алып кетпейсиңби? - деди.

- Эчтеке ичким келбей турат, түштө ичип алам, - Мен шашыла үйдөн чыгып кеттим. Сатыкей менден мурун келип тракторун чукулап күтүп турган экен. Мени көрүп сүйүнүп кетти. Жанына отурдум да Шопок совхозун көздөй жөнөдүк. Белди ашып Кызыл-Уранга келгенибизде Ширин дүкөнүнүн жанына токтотту да, Сатыкей мага жылмая карады:

- Сен отуруп тур, мен кирип чыгайын.

- Макул, - Мен унчукпай отуруп артынан көз жүгүртүп карап турсам кайра бат эле келди. Колунда эки күн көзайнек, кагаз баштыкта кара-кум конфети менен печенье бар. Ордуна отурду да:

- Сага жагабы? - деп колундагы кыздарга ылайык көзайнекти өзү көзүмө тагып жатып сурады.

- Жакпагандачы, рахмат!

- Эрикпей мындан жеп отур, жол алыс, - Анан ал кагаз баштыкты колума карматып, өзү тракторду айдап жөнөдү. Трактордун эскилиги жеткен, маңдайкы айнеги жок болсо да "волгада" бараткандай жүрөгүм элеп-желеп боло эргип, ырдагым келип ырдап кирдим. Мен ырдасам ал кошулуп койот. Түштө Шопок совхозуна жетип келдик. Мен жолдун боюндагы таежемдин үйүнөн түшүп калдым. Ал ишин бүтүрүп, анан кайра келип мени күтүп калды. Таежем менин трактор менен келгенимди көрүп урушуп кала берди. Мен жүгүрүп чыктым да, Сатыкейдин жанына отурдум. Кеч күүгүмдө ал мени үйүмө жеткирип кайра кетти.

Убакыт деген зуулдап, бири-бирине окшош күндөр өтө берди. Бир күнү бөлөм Байжээн Кулматов мени бир жигит менен тааныштырып калды. Ал өзүнүн досу Бекин экен. Көп сүйлөбөгөн жоош жигит күндө биз жумуштан чыгып эс алганы жатканда келип калат. Музыкантыбыз Кулматов комсомол комитети болуп иштөөчү. Совхоздун үчүнчү бөлүмүнүн башкармасы Исраилов Туткуч бизге ар дайым жакшы карап, сыйлык тапшырып турчу. Бригадирибиз Жумагүл Адилбаева какылдап ишибизди текшергени менен бизге кошулуп иштечү. Айдын аягында отуз сом, элүү сом алганыбызга кубанып калчубуз. Менин кошунам Адаш деген кыз экөөбүз абдан ынакпыз. Экөөбүз кошулганда ар кайсыны сүйлөшүп, балдарга тамаша таштап каткырып калганыбызда Какен деген жоош неме бизди карап күлүп, кайра жер карап иштеп калчу. Адаш экөөбүз аны тамашалап жүдөтө берээр элек.

- Какен аке, мени аласыз ээ? - дедим менен бир күнү анын артынан баратып. Ал артын бир карап күлүп коюп кете берди эле Адаш жетип колтуктай калды:

- Сени эмес, Какен акем мени алат!

- Барчы ары, мен тийем, - Мен экинчи жагынан колтуктап алдым. Жылмайган менен сөз чыкпаган Какенден жооп жок.

- Айтчы Какен аке, мен тийем да сизге, мени сүйөсүзбү? - Адаш аны токтото алдын тороду.

- Адаш, сен жөн басчы, мени сүйөт Какен акем, мен тийем! - Мен Адашты тамашалай түртүп экөөбүз ойноп калганда Какен артын карабай кетип калды. Экөөбүз алакан чаба каткырып кала бердик.

- Эй Миргүл, бул чын ойлоп алып жүрбөсүн, кичине жетишпейт, билесиңби? - Адаш каткырып атып мага карады.

- Ой билбегендечи, билем эле. Ишенип алганда эмне кылат эле?

Жол гата ушинтип келе беребиз. Жумуштан чыккан бригаданын жаштары эки-үчтөн болуп Аңарык деген коктудан өтүп үйлөргө тарайбыз.

Бекин мен кез-кезде үйгө узатып калчу болду. Сатыкейдин трактору бузулуп, мастерскойдо жүргөн. Бекин үндөбөй катар басып келе берет, үйбүлөсү жөнүндө азмаз айтып бергени болбосо. Анын атасы өгөй экен. Үч бир тууган, үчөө тең уул. Улуу агасы үйлөнүп, бала-чакалуу болуптур. Ушуларды айтып бергенден кийин ал:

- Миргүл, жигитиң барбы? - деди бир жолу.

- Жигитти эмне кылам, азыр эрте. Келээрки жылы жолдомо алып окууга барам.

- Окуйм дегениң го жакшы, мен сенин жигитиң бар деп уктум эле?

- Бирге басып, үйүңө жеткиргендин баары жигит боло берсе, сен дагы жигитимсиң, - мен аны күлө карадым.

- Деги да, Сатыкей менен сүйлөшөт экенсиң го?

- Бекин, мен үчүн Сатыкей да, сен да бирдейсиң, менин эч кандай жигитим жок!

- А мени менен кыз-жигит болууга каршы эмессиңби? - Ал мени жылмая карап, жооп күттү.

- Менин жүрөгүмдү жаш кезимде бир бозой жаралап кеткен, биз жөн гана тааныштардан болгонубуз жакшы го? - Мен ойлуу басып баратып айттым.

- Азыр эмне, карып кеттиңби?

- Ооба, менин эркимди он беш жашымда бийлеп алган жигитти ойлосом, кылымдарды карытып жашап келаткандай, жашоонун көп азап-тозогун тартып тажагандай болуп кетем.

- Ал сени таштап кетти беле?

- Жок, мен ага балалык аппак сезимимди, эч нерсени ылгай элек таптаза жаш жүрөгүмдү, көңүл калууну билелек аруу сүйүүмдү арнагам. Анын элеси көз алдыман, үнү кулагымдан кетпейт. Бирөөлөргө билинбегени менен, жүрөгүмдө өчпөс дарт пайда болду десем болот...

- Кызык экен, ошончолук сүйүүгө берилип алган экенсиң да. Анда мен үчүн жүрөгүңдө орун жок тура?

- Туура түшүнгөнүңө чоң ырахмат!

- Мейли анда, дос болуп жүрөлү, ээ? - Ал колун суна күлүп калды.

- Ансыз да биз доспуз, - Кол алышып андан ары басып бараттык. Андан кийин сүйлөшкөн жокпуз. Эртеңки кино жөнүндө ал мен үйгө жеткенде минтти:

- "Гита-Зита" болот экен, барып келбейлиби?

- Мен макулмун!

Эртеси жумуштан баарыбыз эрте чыгып үйгө шашылдык. Керээли кечке чаңда иштегендиктен жуунуп-таранып, анан киного бармакпыз. Ошол кезде индия фильмдери келип, ага көбүнчө жаштар барчу. "Гита-Зита", "Бобби", "Рам жана Шиам" деген кинолорго күндө барсак да тажачу эмеспиз. Кинодо отурсак да түрткүлөшүп, бири бирибизди карап шыбырашып, кыткылыктап күлгөнүбүзчү. Жаштыктын жалындаган учуру азоо тайдай туйлап, агын суудай күр-шар этип оргуштап, күлүк аттай ээ бербей турган кези кимди гана кучагына алып элиртпеген! Биз дагы алдыбыздан дүйнөнү каптап келген селби, күндү күңүрттөнтүп булут каптаган бороон-чапкынбы, ааламды астын-үстүн кылчу акыр заман келатабы - эч нерседен кайра тартпаган курчтугубуз менен күндө кечинде киного барып, түндө уурдана келип жатып алып, таң атпай жумушка кетебиз. Күз алмашып, кыштын башталышы ар бирибизди үй-үйлөргө тараганга мажбур кылса да башкармага кирип кышта деле иштээрибизди айттык эле, Туткуч Исраилов бизди кубана карап ыраазы болду. Кайрадан скирданын четинен бузуп чөп тартууга кириштик.

Жумагүл өзү эркектей өктөм сүйлөп, убадага бек турган кыз эле. Октябрь айынын он тогузу болчу. 1976-жыл. Күндөгүдөй эле жумушка келсем баары эле мени карап сырдуу тамаша айтышат. Эч нерсе сезбедим. Аларга жооп берип иштей бердим. Көрсө Абдыш деген бала келип мени сураган экен. Ала качмак болуптур. Ал күнү эжем мени эрте келип уруксат сурап үйгө алып кетти. Көрсө бир агасы өлүп ошого бармакчы болуп камынып алыптыр. Эки-үч күн жумушка барбай ини-сиңдилеримди карап үйдө калдым. Бук болгонумду айтпа.

Түш чен болчу. Сууну сайдан бакандап ташычубуз. Жумагүлдүн агасы биздин бет маңдайыбызда турчу. Алардын эшигинин алдына трактор сүйрөгөн Водовоз келип калды. Коңшулардын баары эле челектерин көтөрүп суу алып атышат. Мен дагы эки чаканы алып суунун кезегине туруп калдым. Ал Абдыш экен. Менден эки жаш улуу, армиядан жакында келип совхозго тракторист болуп ишке кириптир. Ал улам мени карап койот, мен жер карап калам. Акыры кезегим келип суу алдым да, кетип калдым. Ошол күнү эжемдин (төрөгөн энем) жогунан пайдаланып Шибербектин аялы мени үйүнө чакырып бир топ сөздөрдү айтты. Анын Жетигенде сүйлөшкөн кызы бар экенин, ал азыр окууда экенин айтып келип:

- Абдышты апасы үйлөн деп жатыптыр, ал сени менен сүйлөшүп көрсөм дейт, байкап көрбөйсүңбү? - деп күлүп калды. - Иштерман жакшы эле жигит, - деп кошумчалап койду.

- Коюңузчу, сүйлөшкөн кызы болсо эмне кереги бар, эже? Сүйлөшпөй эле койдум, - дедим да чыгып кеттим.

Эжем келгенден кийин жумушка бардым. Көнүмүш жумуш, каткырык-күлкү, шаңдуу үндөр. Арадан үч айдай өткөндө Шамалбек деген менин классташым:

- Ай кыздар, мен бүгүн кечинде жоолук салынып үлпүлдөп келин болуп барган жатам, келесиңерби? - деп калды.

- Койчу ай, эркектер дагы жоолук салынчу беле?

- Ооба, менин сүйлөшкөн кызым ала качам деп атат.

- Чын элеби? - Жумагүл андан эч нерсе билбегендей сурап койду. - Ал кайсы бактылуу кыз экен, ыя?

- Айтпайм, барганда көрөсүңөр, - Шамалбек каткырып калды.

Тетиктерди оңдоп-түзөөчү эки-үч жигит да кээде бизге тамаша ыргытып калчу. Карыпбек дегени белимчидей болгон узун бойлуу, тамаша айтса чындай кылып мостоюп сүйлөгөн жигитти биз ар кайсы жерден көргөндө астына жип же зымды ийри-буйру кылып таштап чоочута берчүбүз. Түшкү тамактан кийин баарыбыз киного баруу жөнүндө сүйлөшүп жатсак Карыпбек:

- Кыздар ай, мени деле ээрчитип алгылачы, - деп басып келди.

- Биз эмне, сизди (улуу болчу) көтөрүп бармак белек, бара бериңиз, - деп Адаш ага жактырбагандай карап койду.

- Кыздар, антип жигиттерди таарынткан болбойт, андан көрө ынтымактуу бололу, биз менен чогуу бара берсин! - деп калды Жумагүл. - Балким биз барчу киного бул бизден мурун барат.

- Бара берсин, аны жетелеп бара тургансыбай! - Мен дагы ага чын дилимден сүйбөгөндөй айттым.

Аңгыча кеч да кирди. Убакыт жетип, сарайдан чыгаарыбыз менен Жумагүлдүн агасы Шибербек мени тосо:

- Жүрү, мени менен кете бер, күн суук, - дегенде мен ага каткыра жооп бердим:

- Жо-ок, аке, мен сиз менен кетпейм, жөө эле жетип алам, бара бериңиз!

- Кой эми түшүп ал! - Ал көшөрүп туруп алды. Негедир ага жиним келип кетти:

- Кызыксыз го, күндө жеткирип жүргөнсүп сүйлөйсүз да?! Бүгүн эле кандай бооруңуз ооруп калды? - Ачуулана басып кеттим.

Ал үндөбөй тракторун ордунан жылдырып, аксарайга кирип кетти. Мени Бекин күтүп турган, жолдун айрылышына жетип аны менен катар басып кетип жаттым. Эң алды жакта Бекин экөөбүз, артыбызда эки-экиден кыздар-балдар убай-чубай келатышат. Бекин колумду кармай карга отургузам дегендей токтотту, мен аны күлө карасам, жылмая:

- Бир аз отуралычы, мынабу аппак кар негедир көңүлүмдү көтөрүп турат, - деди.

- Суук өтөт го? - дедим мен аны карай бырс этип күлүп.

- Азга эле, суранам!

- Болуптур, бир азга, ээ?

Экөөбүз калың түшкөн кардын үстүнө жайланышып сүйлөшүп отурдук. Дал ошол күнү Бекин менин колумдагы "Заря" деген кичинекей саатты чечип алды. Эмнеге экенин өзүм да билбейм, бирок унчукпадым. Көпкө отурдук, ал апасынын "үйлөн" дегенин айтып, мени карап койот.

- Качан жеңелүү кыласың анан? - мен аны суроолуу карап күлүп калдым. - Үйлөнсөң биз барып тоюңа катышабыз, ээ?

- Ийи, - деп койду ал. - А балким менин тоюм сеники дагы болуп калар...

- Кантип? - жер карап турган Бекинди көңүл бура сынай сурадым.

- Экөөбүз үйлөнсөкчү?

- Жо-ок, андай болбойт, мен окуйм, окууга барышым керек!

- А мен сени окутсамчы?

- Күйөөгө тийген келиндерди ким окутат? Калат да ошол бойдон, - дегиче бет алды жактан беш-алты трактор көрүнүп, аң арыктын кырына токтоп калды. Биз ордубуздан туруп айры жолдун өйдө кеткен жагына түшүп жөнөп калганыбызда, Адаш:

- Миргү-үл, тээтиги трактор менен машина соо эмес, бүгүн бир кызды ала качпаса болду? - деди арт жактан кыйкырып.

- Кетсе Бурма кетет, - дедим мен токтой калып. - Сөзсүз ошону ала качат болуш керек!

- Билбейм, - Адаш кайра унчукпай калды. Анткени Бурманы чоңконун бир баласы ала качам деп, бирок кутулуп кеткен. Мен эч нерседен шек албай эле кете бердим. Бир убакта дал биздин алдыбыздан газик келатат. Жакындап келгенде Бекин экөөбүз калың карды кече жолдон чыга бердик, бирок жетип келген машина токтой калып, кабинадан үчөө түшүп, эч нерседен капасыз делейе карап турган мени көтөрүп жөнөдү. Кабинага киргизип жаныма бири отуруп, машина жылганда мен кыйкырып ийдим. Ошондо баягы Карыпбектин отурганын байкап түшүүгө аракет кылып тыбырчылап жаткан мени колумду кыймылдай албай тургандай басып алышты да:

- Эмнеге кыйкырасың, чоң кыз? Биз сени киного алып барабыз, - деп бири көзүн кысып койду жанындагыларга.

- Мен киного силерсиз эле барам, түшүрүп койгула! - Түрткүлөшүп алым жетпей, ыйлап кирдим. - Уяты жоктор десе, силерди ким айтты киного алып бар деп?!

- Биз өзүбүз эле, калың кар, катуу суукта үшүп калбасын дедик да? - дагы бир чоочун жигит күлүп койду. - Жөн эле отурсаң эми, клубдун жанынан түшүрөбүз.

- Чын элеби? - Мен аларды шектене карадым.

- Чын, тигил кырдан түшүрөбүз.

- Өзүм эле бармакмын, - жоошуй отуруп калдым. Аң арыктан чыгып, чоң жолго түшкөн машина тез эле клубдун жанына жеткенде токтотобу десем өтүп баратат. Айдоочуну карасам токтотоор түрү жок. - Токтоткула, мен түшүп калайын.

- Чоң кыз, мынча болду, үйүңө барып кино башталгыча жуунуп-кийинип анан келесиң, үйүңдүн жанына токтотолу, - бирөөсү шоопурду карап көз кысканда жиним келе кыйкырып ийдим:

- Эмне шакаба чегип атасыңар?! Мен силерге оюнчук белем?!

- Түшүнсөң, чоң кыз, мен дагы ошол жерден түшөм, үйүңө эле жеткирели. Же тиги жигитиңди клубдан күтөсүңбү?

- Аны менен ишиңер канча, түшүргүлө азыр!

- Койо тур эми, баары бир аның сени кинодон күтүп алат.

- Былжырабай машинаны токтоткулачы! - Мен жулунуп каалга жактагысын ургулап түрдүп жаттым. Алышып-айтышып жатып үйдүн тушуна да жеттик.

- Азыр бу чоң кыз экөөбүздү түшүрүп койгула, мейлиби? - Карыпбек мостоюп туруп балдарды карады эле, алардын бири:

- Экөөңөр түшүп калсаңар жигити сени менен көрсө кызганып жүрбөсүн? - деп сырдуу жылмайып жооп бергиче зыпылдаган машина таштак жол менен үйдүн тушунан да узап кетти. Ошондо гана тигилер үндөрүн катуу чыгарып бакырып ырдап киришти. Менин бакырып ыйлаганыма көңүл да бурушпады. Көрсө эптеп үйүнүн жанынан алаксытып өтөлү дешкен тура! Айылдын четине чыгып бирин-серин түтүн булаган алыскы тоо этегиндеги үйлөрдү көздөй кетип жаттык. Ошондо гана мени ала качып баратканын сезип:

- Деги кайда, кимге алып барасыңар? - деп айлам кетип ыйлаган бойдон сурадым.

- Кимге болмок эле, Абдыш деген жигитке. Акыры күйөөгө тийесиң да, жакшы жигит. Кыз жыргаар жерине ыйлап барат, - дешип каткырып койо беришти.

- Абдышың менен кара жерге кир? Мен баары бир отурбайм, койо бергиле! - деп алар менен алышып жатып кара терге түштүм. Аңгыча жепирейип, үстүн түтүн булаган үйгө бурулганда катын-калач менен эки-үч кемпир үйдөн чыга калып жарданып машина токтогуча туруп калышты. Машинаны эшиктин алдына жакын токтотушту да, мени көтөрүп түшкөндө аялдар келип мени жулунганыма карабай үйгө киргизүүгө далбастап жатышты. Мени алып баргандар: "колуңарга алып келип бердик, киргизип алгыла" дегендей үйдү айлана басып кетишти. Мен апамдын: "Кыз барган жердин эшигин аттап кирген соң кайра чыкпаш керек, бата деген бар, назары сынып калгандар каргап койот" деп айта бергени кулагыма жаңыра берип, көзүмдү көлдөтө астанасын эки бутум менен тээп, эки колум босогону таянып туруп алдым. Аялдардын мага алы жетпей, ар кимиси оозуна келгенин сүйлөп акыл айтып колдорумду бошото албай убара. Мен ошондо кирбей койсом эле кутулуп кетем деп ойлосом керек, жаш экемин да. Бир кезде баягы балдар ары жактан келип, мени көргөн Карыпбек:

- Ой кокуй күн десе, эмгиче киргизе албай жатасыздарбы? - деди да босогону бойлоп бекем чиренип алган колумду эки чыканак тушка алакандын кыры менен уруп жибергенде ийинден ылдый колум зыңгырай түштү да бошоп кетти. Дароо көтөрүп тууралатып ички үйгө киргизип, түрүлгөн көшөгөдөгү төшөккө отургузуп койушту. Эки колумду бетиме жаап алып ыйлай бердим, сүйлөй бердим:

- Мен баары бир отурбайм, мени койо бергиле, кетем!

- Айланайын, баарыбыз эле ушинтип келин болгонбуз, ыйлаба. "Кыз ыргыткан таш", "буудайдын бараар жери тегирмен" деген…

- Ооба десең, кыз бирөөнүн бүлөсү экенбиз, эки-үч күндөн кийин эле бөйтөңдөп кызмат кылып каласың. Ой Сатымбү, келе бер, кыз ыйлабай отурчу беле, жакшынакай эле бирөөнүн баласы…

- Ата-аң гөрү-үү десең, кыз баланы ошентип эли-жерин бөлөк кылып, башка уруунун тукумун көбөйтүүгө жараткан тура. Андан көрө келген жериңден этегиңден жалгап убай-чубай төрөп алсаң бизди тааныбай да калаарсың, - Бириси шыпшынып койду ээрдин шалп эттире. Менин үнүмдү угуп, сөзүмө маани берээр түрлөрү жок.

Жоолукту алып келип үстүмдөгү кышкы пальтомду чече албай дагы убара болушту. Бириси бутума маасы кийгизгени жүрөт.

- Кереги жок, маасы кийбейм, жоолугуңардын да, көйнөгүңөрдүн да кереги жок!

- Апей ботом, ошо кантип болсун? Эми чыгып кетип кайда барасың? Теңтуштарың "күйөөдөн чыгып келди" деп шылдың кылышпайбы?

- Кийбейм эчтеке, кетем!

Кара терге түшүп, пальтомду чечтирбей көпкө бүрүшүп отурдум. Алым кетип, үнүм бүтөйүн дегенде гана Жумагүл менен Байжээн кирип келди. Аларды көрүп үмүт оту жана бакырып ыйлап ийсем:

- Кой Миргүл, ыйлаба. Эч нерсе эмес, биз деле ала качып кетсе отурабыз да, кой эми, кары кишилерди кыйнабай! - деп Жумагүл айтканда томсоро Байжээнди карадым. Ал дагы мени жайгара ошолордун сөзүн сүйлөсө болобу?!

- Миргүл, эми бактылуу бол. Абдыш жакшы жигит, сени ыйлатпайт, апаларды кыйнабай отур!

- Силер эмне, сүйлөшүп алдыңарбы, ээ? Мен ушул үйгө отурганда эле бактылуу болоорумду сезип турасыңарбы?! - деп баары бир бул үйдөн оңой чыгып кете албасымды сезип, үнсүз көзүмдүн жашын куюлта отуруп калдым. Чо-оң кызыл товар шайы көйнөк менен ак жоолукту салып коюшту. Арыдан-бери дасторкон жайып, тамак-ашын алып келип Байжээн менен Жумагүлдү коноктоп, мага өнтөлөп ысык шорпосун, чайын куюп сунуп жатышат, жүрөгүмө эч нерсе барбады. Анан менин үндөбөй калганымды байкаган Байжээн сыртты карай үн салды:

- Абдыш, кел кире бер, Миргүл экөөңөрдү эми кол кармаштыралы!

Аңгыча бою пас, чачын бир жагына тарап, ак көйнөктүн сыртынан пуловер кийип алган Абдыш кирди. Ошондо босого жакты жалт бир карадым. Мурда бир көргөндө тик багып караган деле эмесмин. "Таалайыма ушуну буйруган тура, айла канча. Баары бир 'Т'-дай сүйө албайм го. Жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү атты мен буга алмаштырбайм. Ачкычын сен гана катып алгансың, 'Т'"! деп, Абдышты томсоро карап алып, кайра чыныдагы чайды мелтиреп тиктеп отуруп алдым...

"Кыз ыргытылган таш" дегендей, мен дагы тагдырыма тан берип отуруп калдым. Эртеси төркүндөрүм кууп келди. Колунан келишинче сыйлап узатышты. Жаткырып көрүндүк алуу үчүн жеңем калып калды. "Кыз" деген кымбат учурумду өткөрүп, жашоодогу жан шеригим, түбөлүк бирге болчу жарым, кубаныч-кайгыма тең орток адамым болчу Абдыш менен жашоого бел байладым. Он күндөн кийин тууган-уругун чакырып чакан той бермек болушту. Эки бөлмөнүн төркүсүндө көшөгө тартылып, күйөөм экөөбүз турабыз. Оозгу бөлмөдө кара шыбак болсо да кайненем балдары менен жатышат. Үй актап, конок күтүүгө даярданып калдык.

Мен кесме кесип жаткам.

- Ой-оой, келин баланын мактанып турган кези экен, карачы жеңе, келиниңдин кескен кесмесин, - деп калды Кумаш жеңе.

- Ошон үчүн өзүм тандагам да, - кайненем кубанычын жашыра албай мулуңдап койду. Кайнежем күйөөсү, колундагы кызы менен үйдө. Ал мага жакшы мамиле кылып, анча-мынчаны кеңеше коюп атты. Келген коноктор бизге бакыт-таалай каалап, ак баталарын берип таркашты. Кумаш жеңемдин айтканына сүрдөдүмбү, колумдун төрт тырмактын түбүн шылый кесип алып таңып алгам. Мага анча жумуш жасатышкан жок. Алыш-бериши кошумчаларын кошуп, акча берип кайненемдин көңүлү жайланып калды. Кайнежем Алиман кетээринде мага карап:

- Миргүл, апамдын көйнөгүнүн этегин бүрүп берип койчу, - деп калды.

- Макул, - дедим да, заматта бүгүп бере салдым.

- Кудай буйруса келинимдин кол иши жакшы эле экен, мен дагы керилтип келин жумшап сый көрөт бекемин дечү элем, ушунуңа шүгүр, жараткан, - деп кайненем кубанып отурду.

- Болсун, апа. Келиниң экөөңөр эне-баладай ээрчишип ынтымактуу болгула, - Алиман эже да апасын кубаттады. Мен жаңы турмуш босогосун аттап, жашоого эт-бетимен киришкенче ого бетер мактоолоруна манчыркап жагынууга аракеттенем.

Келгениме бир ай болуп-бололекте кайынсиңдим Канымжанды ала качып кетишиптир. Абдыш менен апам, Алиман эжем болуп кууп барып келишти. "Жакшы жер, жалгыз бала экен" деп кубанып ыраазы болуп атышты. Кийинчерээк анын бакма бала экенин уктук, бирок кайынсиңдим өзү билип, өзү койгон эрке келин болду.

Арадан үч-төрт ай өткөндөн кийин эле кайненемдин мага көз карашы бузула баштады. Жасаган ишимди жактырбай, идиш-аякты калдыратып:

- Менин үйүм сеникиндей пол эмес, кичине жерди өзүм деле шыпырып алам! - деп бир күнү эшиктен келип эле күңкүлдөп атты.

- Апа, полбу, пол эмеспи - анын кандай тиешеси бар? Менин жаман оюм жок эле жасап жатам го? - Мен өзүмдү күнөөлүүдөй сезип туруп калдым.

- "Тастак келин, акмак келин" дейт, карасаң мага каяша сүйлөп жатканын, - Ал кайра мага атырылды.

Ошондон кийин ал басса-турса күңкүлдөгөнүн коймок турсун, көбөйттү. "Кай жеримден жаздым?" деп мен ичимден сызып, андан кийин сүйлөсө да унчукпай койчу болдум. Көрсө анча-мынча ичип койот экен. Ичип алса ар кайсыны айтып, соолукканда ак көңүлү кармап: "Миргүлүм, айланайын, тигини жасай гой, муну апкеле гой" деп калат.

Абдыш экөөбүз өтө ынак болбосок да, ынтымактуубуз. Анын бир нерсеси жакпайт - түнкүсүн жатканыбызда:

- Кучакташып жаталычы, - дей берет.

- Мен антип жаталбайм, жөн эле жаталычы, - деп ары карап кетем.

- Сен мени сүйбөйсүң, ошон үчүн кучакташып жаткың келбейт. Айтчы, баягы жаныңдагыны ойлоп жатасыңбы?

- Койчу кайдагыны, биз кыз-жигит эмес болчубуз да, жөн эле жеткирип келаткан.

- Кантип? Сүйлөшүп жүргөн үчүн жеткирет да. Мен ошондо эле балдарга айткам: "Тигинтип кол кармашып жүргөн неме жакшылык кылбайт" деп..

- Анан ала качтырбай койбойт белең? Менин күйөөгө тийээр убактым бололек болчу.

- "Ала качпайм, жигити бар экен" десем болбой коюшпадыбы?

- Кыз-зык, өз көңүлүң менен албай эле, досторуңдун айтканы боюнча…

- Жоо-жок, дегиңкиси мен сени Шибербектин аялынан чакыртып сүйлөшөйүн десем болбой коюпсуң го?

- Ал сенин Жетигенде сүйгөн кызы бар дебедиби?

- Бар болчу, ал окуп жүрөт.

- Ошону эле албайт белең? Окууда болсо, келмек да.

- Койчу эми, сен дагы мен дагы баарын унутуп, ынтымактуу жашайлы. Келчи эми, кучакташып жаталы!

Ушинтип күндө бир табышып, бир таарынышып убакыт өтүп жатты. Абдыш көбүнчө апасынын кыял-жоругун билгендиктен жумуштан келээри менен:

- Апам эчтеке деген жокпу? - деп сурап калат.

- Эмне демек эле, ойлонбой эле кой. Апам карып калган неме, сүйлөсө сүйлөөр, - Мен сыр билгизбей алдына тамак куюлган чыныны жылдырдым. Канчалык анын ойу менен болуп, берилип жашайын десем да өзүмдү көндүрө албай койдум.

- Миргүл, - деди бир күнү Абдыш мага. - Үйлөнгөнүбүзгө беш ай болду. Кыш эле, жаз болду - эмнеге боюңа бололек?

- Эмнеге? Азыр эрте го, бир-эки жылдан кийин деле болор…

- Андай эмес, кээ бирөөлөр келээри менен эле боюна бүтүп, бир жылга жетпей төрөп алышат экен го?

- Ошончолук эле балага зарсыңбы? - Мен аны жылмая карадым.

- Балалуу болгон жакшы да. Өзүм жалгыз бала болсом, иним дудук болуп калды, көп балалуу болгум келет.

- Шашпа, болуп калаар. Азыраак күт, болбосо төрөй турган аял аласың, колуңду кармабайм!

- "Жакшы тилек, жарым ырыс" дешет ко, сен балалуу болгонду каалабайсыңбы?

- Өзүм бала туруп, шашып эмне кылам? - Мен ары оодарылып жатып алдым. Ал унчуккан жок.

Ошол бойдон уктап калыптырмын, турсам жанымда эч ким жок. Жумушуна кетип калган окшойт. Ордуман туруп эшикке чыксам апам малдарына чөп салып жүрүптүр. Мени көрө коюп өзүнчө күбүрөнүп кирди. Азандан коңшусу экөө ичип алса керек:

- Капырай, эртерээк туруп эриңе чай берип жөнөтпөйсүңбү? Уйкудан бирдеме болгонсуп уктай эле бересиң да, - деди бурулбай туруп.

- Уктап калыптырмын, - Иймене жооп бердим да, жүйөөлүү сөзгө уялып, ажатканага басып кеттим. Төшөктү жыйып, идиш-аякты жуудум да, эч нерсе ичким келбей жатып алдым. Көптөн бери тамактын жыты келсе көңүлүм айнып кусуп, кыйналып жүрөм. Уктап кетиптирмин, кыйкырган үндү угуп чоочуп ойгондум.

- Бу кандай балээ келинге жолуктум эле кокуй! Керээлден кечке жатканы жаткан, муну төшөккө жаткырып алып багамбы? Кетпес кезик болду го, катыгүн, кантип кутулам?

Мен туруп чыгып карасам аябай кызуу. Отуруп алып таякты колуна кармап жер сабап жатыптыр.

- Эмне болду, апа? - Мен акырын сурадым.

- "Эмне болду" деп койот. Керээлден кечке уктайсың, кылаар ишиң жокпу ыя? Мен эле куурай беремби, эшикке чыгып бир малга чөп салып койсоң боло?!

- Уктап калыптырмын, апа, кечирип койуңуз. Мындан ары карап турам.

- Эки жактан келсем ысык чай коюп койбойсуң. Келин алып, "чекем тердеп чай ичем го" десем, мага чай кайнаттырасың го сен!

Мен үндөбөй үйгө кирип чай койдум. Үч билик керогазы бар болчу, керосин куйдум дагы, күйгүзүп чайнекти үстүнө коюп, түтөбөсүн деп эңкейип билигин карадым. Жаткым келет, кайненемден коркконумдан тикемен туруп айланамды карап тура бердим. Жумушум деле жок. Бир кезде кайненем эшиктен кирип келатып:

- Коку-уй өрттөйт экен үйдү! Жанында туруп ушуну көргөн жоксуңбу, жакшылап койбойт белең? - деп айкырып-кыйкырганда эсиме келсем керогаз түтөп чайнектин тышы көө болуп калыптыр. Отура калып билигин басайтайын десем, өзү бурап кирди. Отуруп алып ыйлап ийдим:

- Деги мени койо бериңизчи, кетейин! Сизге жакпадым, ушинтип кантип жашамак элем? - деп өз бөлмөмө кирип кийимдеримди жыйыштыра баштадым. Ал мени кете койот деп ойлобосо керек:

- Ой кой айланайын, кичине ачуум менен сүйлөп койсом эле кетем дей бересиңби? Кудагыйдыкына төркүлөтө элекмин, шашпа, өзүм алпарам, - деп ордунан туруп жолумду тосуп. - Айланайын, кой, апаңдын ачуусун көтөрүп кой, - деп туруп алганда кайра аны түртүп өтүп кете албай артыма карап төргө жатып алып ыйлай бердим.

Күнөөсүн сездиби, андан кийин эч нерсе дебей, чай кайнаганда ичтиби-ичпедиби, ал дагы жатып уктап калыптыр…

Бул жашоонун кыйынчылыгын тартып, азап-тозогуна бардаштык менен чыдап, келечегинен үмүттүн зор учкундары чачырап, улам эртеңкисинен жакшылыкты күтүп жашаган адам баарын жеңээри бышык. "Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деген накыл сөздүн чындыгына көзүң жетип, оор тагдырга жеңилбей, жеңүүгө аракеттенген адам гана максатына жетээр. Мен өзүмдө бук болуп, оюмда ата-энеме абдан нааразымын. Неге дегенде, жарыкчылыкка жаратып коюп, мен жөнүндө ойлоп койбогондоруна жиним келип кетет. Эгерде мен экөөнүн ортосунда, өз колунда өссөм ушул жерге турбай эбак кетип калмакмын. Алар өз-өз жашоолору менен алек. "Жетим өз киндигин өзү кесет" дегендей, өз тагдырымды аргасыз ушул үйдөн гана табууга бел байладым. Анткени энеме качып барсам өгөй атам жактырбайт, атама болсо баягы бойдон каттай элекмин. "Өз-өз үйбүлөңөр, балдарыңар менен бактылуусуңар, менин эмне күндү көргөнүмдү ойлоп да койбойсуңар. Мен чүчүгулак болуп жаралганмын го. Же эмне, туулбай жатып силердин бактыңарды ажыратып жек көрүнүп калдымбы?" деп жатып алып да, басып жүрүп да ойлончу болдум. Айрыкча теңтуш кыздарымдын, келиндердин "атам антип, апам минтип" деп мактанганы ызамды келтирет. Ойлой-ойлой ой учугуна жетпей, жашоонун агымына аралашып кетем. Турмуш жолуна белимди бек бууп, ачуу-таттуусу, кубаныч-кайгысы адам баласын коштоп жүргөн ушул кең дүйнөнүн кээде мен үчүн тар болуп кеткенине кайыл боло, Абдышты гана караан туруп, ага таяна баштадым.

Кайненемдин асылганы улам көбөйө берди. Бир күнү Абдыш үйдө болчу, дандырга нан жабайын деп супараны жайып камырды үзүп жаткам. Ал мага айтпай эле өзү дандырдын күлүн чыгарып, от жага баштаптыр. Аны көрүп эле кайненем:

- Мына эмесе, биротоло мойнуңа минип алган тура! Тууп баласы өтө элек, кылып кызматы жага электе сени башкарып от жактырганы эмнеси? - деп сүйлөнүп атканынан чыга калдым:

- Апа, мен аны от жак деген эмесмин, өзү эле…

- Эмне болмок эле, апа? Өзүм эле жардам берип нанын жасагыча агара берсин дегем.

- Ооба, нанды деле өзүң жап, аныңа эч нерсе жасатпай эле кой! - деп колун серпе ары басып кетти да, кайра келди.

- Сен жөн эле койчу, өзүм жагам, - десем Абдыш колун шилтеп койду:

- Бар, өз ишиңди жасай бер, айта берет да.

- Атаңа идиш же көсөө карматкан эмесмин, ошондо дагы уруп бутумду, колумду сындырып басап турчу, сен катынга кароо болуп калдың го!

- Анда мен дагы урайынбы? - Абдыш апасына кекеткендей суроо берди.

- Сен уралбайсың, катынга кароосуң. Балакетти урасыңбы?

- Эмне десең ошо дечи! - Абдыш тажаганда көсөөсүн ыргытып ийип ары басып кетти. Ары жагында чоң суу бар, ошол сайдын кырын көздөй кетип калды. Кайненем бир аздан кийин коңшусу Аккыз экөө ээрчишип ылдый көздөй кетишкенде "өх!" деп эс ала түштүм: "Бир аз болсо да кулагым тынчый турсун" деп өзүмчө сүйлөп койом. Кайним Самат менен жаңдашып сүйлөшкөнгө көнүп калгам, ал мага жардам берип, жумшасам тилимди алат. Нанды адегенде ыссык бойдок жаап ийсем керек, үчөө-төртөө лап этип түшүп калды. Аны көргөн Самат мени шылдыңдап күлүп ээликтейт. Мен аны жаңдап "апама айтпа" дегенди түшүндүрүп камырды көрсөтсөм аны бир жакка өзү бекитип келди. Эптеп нанды жаап алып, чай ичип отурганда кайненемдер келип калды. Жүрөгүм "болк" дей түштү. Бир топ кызуу экен. Мурда дагы мас болуп келгенде ысык чай берсем жактырбай, муздак берсем "мени эмне, өлтүргөнү жүрөсүңбү муздак берип?" деп уруша бергенинен көңүлүм калгандыктан ордумдан туруп тосуп алдым. Мени жактыра бербей кекээрдене:

- Ийи, мени мас деп турасыңбы? Мас эмесмин, кана жапкан наның, алып чыгып ооз тийгиз! - деди киргиштей.

- Үйгө кирип чай ичпейсизби?

- Ичпейм, бол эрте алып чык!

- Азыр… - Мен үйгө кирип табакка нан салып чыктым.

- Ой-иий Сатымбү, келиниң нанды жакшы жабат го? - Аккыз нандын четинен чымчый оозуна салып чоюштады.

- Ошо да, бүлөгө жарыбадым. Келин алып колу-бутум узарат десем… - Экөө андан ары ээрчише Аккыздын үйүн карай кетишти.

Мен отуруп алып ыйлап кирдим. Абдыш көпкө чейин унчукпады. Ага угузбай, урушканын билгизбей жүргөндө минтип өзү ачыкка чыкты апасынын сыры. Абдышты карап туруп нанды көрсөттүм:

- Ушунун каеринен кынтык табат? Айтсаң деги, менден кандай күнөө кетти? - буркурап ыйлап жиберсем Абдыш туруп келип сооротуп жатты:

- Койчу эми бир кемпирге теңелбей. Жакында үй салып бөлүнүп чыгып кетебиз, ыйлабачы.

- Көрдүңбү, ушинтип турса кантип чыдайм, өзүң ойлочу, неге мени мынча кордоп жатат?

- Кордобойт, ичип алса сүйлөй берет да.

- Сүйлөгөнүн көтөрө албайм, кетем! - Мен ордумдан туруп кийимдеримди чогултканы өз бөлмөбүзгө кирип чемодандагы кийимимди алып жатканда Абдыш келип кармап, мени көшөгөнүн ичине колтуктап алып кирип койо бербей кучактап алды...

Кайненем баягысындай эле эки-үч күндө бир мас болуп алып да, ичпей келсе да асылганы асылган. Тажап да кеттим. Абдыш жумуштан келгиче ылдый жакты карап, көчөнүн этегинен караан издеп көз талытам. Жалгыз отуруп Абдыштын аскерден алып келген альбомун карап, бир кыз менен түшкөн сүрөтүн таап алдым. Негедир аны кызганып кеткендей сезим пайда болду. Кайра альбомду жаап ары койдум да: "Эмнеге ошону эле алып албайт? Мен дагы буйруганын көрөт элем.." деп улутунуп алдым. Кечинде келген Абдышты үйгө кирбей туруп:

- Сени менен түшкөн кыз баягың эмеспи? - дедим эле, ал жашырбай башын ийкеди:

- Ооба, дал ошол кыз, - деп кучактап жылмайып койду. - Эмне, кызганып жатасыңбы?

- Жок, ошону эле алып алганыңда жакшы болмок…

- Мага тийгениңе нааразысыңбы? - Абдыш жүзүмө тигилди.

- Деги да… - Унчукпай калдым.

- Койчу эми, Миргүл, жаштык кезде боло берет да. Сенин деле жигитиң болгон, менин кызым бар эле, туурабы?

Биз үйгө кирдик. Анан чай ичип отуруп сөз уладым:

- Ал менин жигитим деле эмес болчу, жакында эле таанышканбыз.

- Мен Тельмандагы Салиякан деген кыз менен да сүйлөшүп жүрүп, атасы бербей койгон.

- Эмне үчүн?

- "Жетим бала экен" деп. Үч күн аңдып жүрүп, анан акыры колго тийгизе албай, апам сени сүйлөшүп коюптур.

- Ким менен? - Мен таңгала түштүм.

- Абжапар менен…

- Кызык, анын мени менен кандай иши бар экен?

- Кайдан билем?

Ошону менен көпкө чейин экөөбүз тең унчукпай жатып калдык. Абжапар менин өгөй атамдын агасы болчу. Мен аларды сыртынан эле билбесем, жакшы таанычу деле эмесмин: "Кызык экен, мени менен кандай иши бар, сыртымдан тон бычкыдай?" деп ичимден сызып калдым. Ойлонуп жатып оюма бир нерсе 'кылт' дей түштү. Ак сарайда иштеп жүргөндө эжем Дарийка ооруп доктурга жатып калган. Жумушка келсем Сартпайдын аты байланып туруптур. Ал аттын өзгөчө адамдын тилин алган акылдуулугу мага жагаар эле. Эрте келип алыпмын, дароо атты миндим да, кайра ооруканага жөнөдүм. Адегенде үйгө келип тамакты алып, эжеме келип керектүүлөрүн берип, кайра чыксам Сартпай алдыман чыга калды:

- Кыз болбой кара жерге кир! - деди ал терин аарчына. Өзү толук, бою пас кызылдуу жигит эле, тамашалап калчубуз. - Эй, атты эмнеге минип кеттиң сурабай?

- Сен сарайдан эмне келдиң? Менин биякка келээримди кайдан билесиң? - Мен таңгала кайра өзүнө суроо бердим.

- Мен Изалатка жолукмакмын да. Башкармага кирип эле кайра чыксам атым жок, - Күлүп койду. - Сурап минбейсиңби? Анан да ат өтө чалпоо, ала качып кетсе эмне болот?

- Ат минбегендерге айтчы, мен атты жакшы билем, - десем ал мени карап айласыз башын чайкады да:

- Кой, мен жолугуп чыгайын, - деп ооруканага кирип кетти.

Ал кирээри менен мен атты миндим да кайра сарайга жөнөдүм: "Байкуш, эптеп арам тери чыкканча жөө басып көрсүн" деп өзүмчө күлүп алып, сарайга келип атты байлап ичкери кирсем кыздар келип калыптыр. Аларга болгонду айтып берип каткырып жаттык.

- Эми мени Сартпай өлтүрөт, ал келатканда бекинип калайын, - деп мен күлсөм Адаш ого бетер боорун тырмалап күлдү:

- Сартпай аке азыр баарыбызды кырсачы, сени таап бер деп?

- Жарым саат, андан кийин тери кургап, күйүккөнү басылып калганда жини тарап унчукпай калат.

Мен сарайдын эшигине жетип улам жолду карап жатып, анын карааны көрүнгөндө бекинип калдым. Ал келип эле мени сурады. Кыздар күлүп аны ого бетер тамашалап жатышты. Көптөн кийин ал өз ишине киришкенде гана мен кыздардын жанына келдим…

- Эмнеге унчукпай калдың, сүйгөнүңдү ойлоп жатасыңбы? - Абдыштын үнү мени ойдон алаксытып жиберди.

- Кайдагы сүйгөнүмдү айтасың. Мен эч кимди, атүгүл сени деле сүйбөйм. Сүйүү деген эмине, өзүң айтчы - көп кыздар менен сүйлөшүпсүң?

- Мен деле сүйүү дегенди билбейм. Кыздарды эсимден кете сүйгөн деле жокмун. Болгону мен жигитмин, кыздарга көз артканды жакшы билем, - Ал мени чычалатмакка тамашалай мурдумдан чымчып койду.

- Эркектердин баары бирдей да, ээ? Аял алгандан кийин деле ошенте бересиңби эми?

- Жо-ок, мен эми үйбүлө багышым керек. Жакында кредитке газ алсамбы деп турам, керогаз жаман бекен?

- Ой жакшы эле билигин түздөп койсом түтөп кетет, апаман ошон үчүн да тил угуп атам.

- Эми тил укпайсың. Газды алып келем да, айлыгымдан ай сайын төлөп турам.

- Жакшы болгон тура.

- Эми уктайлы, жумушка эрте кетем, - Ал мени кучактамак болуп колун арта бергенде акырын колун алып коюп ортону төшөк менен бөлдүм да:

- Жөн эле жатсаң, мен минтип уктай албайм, - деп тескери бурулуп кеттим. Ал болбой эле колун төшөктүн үстүнөн арта салды да, жатып калды. - Уктагым келбей атат, корком.

- Эмнеден коркосуң?

- Уктасам эле албарсты баса берет.

- Албарсты?

- Ийи…

- Ал эмне деген, кантип басат?

- Жөн эле… уктаганда ал келип басса кыймылдай албай кыйнала берем, же үнүм чыкпайт.

- Ийи де, - Ал унчукпай калды.

Ошол бойдон экөөбүз тең уктап калыптырбыз, эртең менен мени ойготпой жумушуна кетип калыптыр. Ойгонсом кайненем идиштерди калдыратып сүйлөнүп атыптыр. Туруп эшикке чыктым. Кечээ кайын сиңдим жасаган тамакты ичип отурган кайненем мени көрүп мурдун чүйрүй ары карап кетти. Кечээ Аккыз экөө кеткен боюнча түндө келип, азыр башы ооруп турганын сездим. Көңүлүм айнып эчтеке ичким келбейт. Окшуп сыртта көпкө жүрдүм да, бети-колумду жууп үйгө кирдим.

- Сен бара-бара көчүгүң батканга өзүңдү өзүң биле баштадың да. Канча айтам, "күйөөңө эрте туруп бирдеке бер" деп, - ал мени акырайа карап туруптур.

- Өзү эчтеке ичпейм деп койсо эмне кылайын?

- Ичпей эле эмне, талаада ага бирөө даярдап туруптурбу?

- Кайдан билейин, - Мен анын алдындагы тамакты көрүп жүрөгүм айланып кайра сыртка чыгып кеттим.

- Бул Абдышты мурдунан жетелеп алмай болду, катын кул десе. Атасы мындай эмес эле, бул кимди тартканын билбейм, - Өзүнчө күңкүлдөп атканда кайынсиңдим туруп сабакка кетмекке кийинип атып апасына карады:

- Жөн эле сүйлөнө бересиң да, сени жакшы көрүп атабы ошо? Балаңа алып бердиңби, жөн кой да.

- Жерге-жээгин, кайын-журтун, эрин сыйлабаса мындай немени эмне, көзүн карап отурмак белем?

- Кетирип ий анда, ал деле бирөөнүн баласы. Кечке эле сүйлөй бересиң, - Кайынсиңдим апасын жактырбай сумкасын алып чыгып баратканда:

- Ой бирдеме ичсең боло! Ачка кетип түшкө чейин кантип жүрөсүң, ооруп калып жүрбө! - деди.

- Наалып эле атасың, жаныңа отургандан тажап калдым, дагы жеңем экен, унчукпайт.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, эмне мени эми көрүп аттың беле?

- Бизге сүйлөгөнүң го мейли, кечээ келген келиниңдин деги жанын койосуңбу? Мен деле бирөөгө келин болуп барсам, кайнене какчыңдап турса чыдамак эмесмин! - Ал отурбай чыгып кетти.

Кайненем өзүнчө күңкүлдөгөн бойдон отуруп калды. Мен жазгы таңдын эртемененки мээлүүн абасында эки жакты карап, талга конуп учуп-сайрап жаткан боз чымчыктарды тиктеп ойлуу отура бердим:

…Ошондо дагы жаз эле. Арык чаап жатканбыз… "'Т', мен сага алакандай кат жазганым али эсимде. Кичинекей кара кызды эстейт болду бекенсиң? Эмдигиче студент болгондурсуң, а балким үйлөнгөндүрсүң. Кандай гана бактылуу кыз сага жар болду экен?" деп улутунуп алдым.

Үйгө киргенден заарканам: "Дагы эмне дейт, урушабы, кыйкырабы, деги кандай адамга туш болдум экен?" деп өйдө боло бергенимде артымда кайненем туруптур. Чоочуп кеттим.

- Тур үйгө кирип жыйыштыр, мен ылдый көчөгө барып келейин, - Ал менин коркуп кеткенимди көрүп акырын жай сүйлөдү. - Мен Аккыз менен барып, кеч келем! - Ал Аккыздын үйүн көздөй басты.

- Ма-акул, - Мен үйгө кирип үй жыйыштырып, идиш-аякты жууп, кичинекей столдун үстүнө үйдүм да, өз ордума жатып алдым.

Абдыш ошол кеткен бойдон үч күн келбей калды. "Жазгы айдоодо жүрөт го" деп жоруп аттык. Анткени жазында совхоздун жерин күндүзү айдаса, түнкүсүн өзүмдүк жерди айтап тыйын-тыпыр алып келчү. Айткандай эле жер айдап тапкан акчасына сегиз сотук жер кестирип келиптир. Кайненем өзүнчө жактырбай атты:

- Менден бөлүнүп жер алганың эминең? Мына атаңдан калган жер деле өлтүрбөйт бизди. Өзүңчө бөлүнгөндөн көрө бул үйдү оңдосоң болот эле го?

- Апа, элдин балдары деле бөлүнүп өз оокатын өткөрүп жатат го. Ал жалгыз меники эмес, сеники да болот - кааласаң аякка жаша, биякка жайында мал менен келип күзгө чейин тура бер, зыяны тиймек беле?

- Өзүң бил, балам. Илгени эки-үч келин бир үйдө түтүн булатып, бир казандан аш ичип жашачу элек, экөөң батпай бөлүнгүңөр келсе бөлүнө бергиле! - Кайненем таарынгандай чыгып кетти.

Абдыш өзү иштемкор, айрыкча оокатка бүйрө болду. Жерпайын таштан тизип, сокмо дубал уруп баштадык. Адегенде ашар кылдык, андан кийин ким эле күндө жумушун таштап келе койсун. Бир жактан иштеп, иштен кийин ылай ачытып, экөөлөп дубал уруп жаттык. Ошондо менин боюмда бар экенин билбепмин, ооруп жүрөм деп эле тамак ичпей кусуп, илең-салаң болуп жүрдүм. Кайненем байкаса да байкамаксан болгон тура. Дубалдын акыркысы калып чөп чабуу башталганда Абдыш жумушка кетип колу бошобой калды. Бир күнү кайынсиңдим Жибек:

- Жеңе, артистер келиптир, барып келбейлиби? - деп калды.

- Койчу, апам урушат да. Сен барсаң бара бер. Каерге болот экен?

- Клубга дейт, экөөбүз баралы да, жеңе…

- Өзүң эле барып келчи. Акең да талаада жүрөт, ал келсе мени урушат.

- Апаман сураганың чынбы?

- Чын, жана эле сурагам.

- Анда азыр, мен кийинип алайын, - дедим да, бат эле чыгып көчөнү көздөй жөнөп кеттик. Биз келгенде клубдун сырты атчандар машинага толуп кетиптир. Чөп ташыган борту жок машиналардын үстүнө толо элдер чыгып алышкан. Аттарга да жаштар эки-үчтөн учкашып алып артисттердин чо-оң машинага даярдаган инструменттерин акыя карап турушат. Эң алдында сыйлуу орундарда совхоздун атка минерлеринин аялдары менен бала-чакасы, туугандары отурушат. Деги эле бизге артисттер келгенде тариф ошондой эле. Артисттер оюнун коюп эртеси көргөн-көрбөгөнүнө карабай совхоздун деректири менен сүйлөшүп акчасын ар бир жумушчулардын эсебинен карматып алып кете беришчү.

Биз Жибек экөөбүз орто жерине барып туруп калдык. Концерт башталды. Кыйкырык, ышкырык, ызы-чуу болуп, кол чапканы кол чаап артисттерди тосуп алды эл. Негедир өзүм концертти жакшы көргөнүм менен, бу жолу көргүм келбей:

- Кетеличи ай кыз, мага жакпай калды, - дедим аны карай шыбырай.

- Мейли, кетсе кете берели, - Ал дароо эле макул болду, кыязы ага дагы жакпай калган го. Ээлигип келген неме макул болгонуна кубана элди аралай өтүп баратып бир ЗИЛдин кабинасынан Бекинди көрүп калдым. Ал дагы мени жалт караганда мен ылдамдай басып эл ичинен суурулуп чыгып кетип баратсак кайдан-жайдан эле мени Бекин колтуктан алды:

- Кандай, Миргүл?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Баары жакшы, бирок бир нерседен көңүлүм калды - кыздар өтө алдамчы келет экен.

- Ким алдады сени?

- Сен…

- Кантип?

- Ушинтип эле, "жигитим жок" деп, сүйлөшүп жүргөн турбайсыңбы?

- Бекин, мен муну менен да, сени менен да сүйлөшкөн эмесмин. Ээрчип катар басып койсо эле сүйлөшкөн болуп калабы?

- Мен ошондо сени алып кетмекмин. Байжээн мени бузуп: "Ал деген аны менен да сүйлөшүп жүрүптүр, эми эмне кыласың, ал дагы совхоздун жакшы жигиттеринин бири" деп мени тыйып койбодубу.

- Өткөндү кайрый албайсың, кайрыганда баштагыдай болбойт. Ушуну түшүнүп кой, Бекин.

- Макул-макул, деги бактылуусуңбу? - Ал мага караңгыда үңүлө карады.

- Бакыт дегенди дүйнө боюнча издесең да табалбайсың. Ал эми бактылуумун дегендердин бир нерсеси жетишпей "бакыт деген эмне?" деп суроо беришет. Мен жаңы турмуш баштадым, демек азырынча бактылуумун деп айтууга эрте!

- Туура. Күйөөң жакшы элеби?

- Жаман деп, жакшы күйөө издемек белем?

- Кеч бололекте дегеним да…

Биз сүйлөшүп баратканда Жибек биз менен катар кетип баратты. Анда үн-сөз жок. Узак болсо да кандай жетип калганыбызды байкабай калдык. Үйдүн маңдайына жеткенде:

- Бекин, трактор турат, күйөөм келип калыптыр. Эми сен бара бер, биз үйгө жеттик, - дедим мен токтой калып.

- Бираз турбайсыңарбы сүйлөшүп…

- Жок болбойт, өзүң билесиң да, мен эми сени менен сүйлөшмөк турган, бирге баса албайм. Үйлөнүп бактылуу бол!

- Рахмат, кошкула анда! - деди да, Бекин ылдый көздөй жөнөдү.

Анын караанын көрүнбөй караңгыга сүңгүп кеткиче бираз карап туруп, анан үйгө кирдик. Мен ошондо: "Кызык, ушул жигиттин менде көңүлү бар экенин сезип койбой оюн-чынга салып, маани берип сө1зүн да укпаган экенмин, ээ?" деп ойлонуп, күйөөмдү ойготуп албайын деп чечиндим да, төшөктүн четин аяр ачып жатып калдым. Менин дабышымды алда качан сезип, туюп турган күйөөм жатаарым менен кучагына кысып калды…

Эртеси үйдүн айланасындагы чөптү чапканга суранып келген экен, чалгыларды чыңап, эрте туруп алып чөп чабууга киришти. Кайненем кызыныкына кеткен. Ал кош бойлуу болчу. Биз чөп чабууга киришкенде мен Абдыштын шымын кийип алдым. Анда келин-кыздар шым кийчү эмес, анын жанына барып:

- Кийсем болот бекен? - деп күлө сурадым.

- Боло берет. Сен чалгы чапканда кыйналбайсыңбы? Карап эле тура берчи.

- Чабам эле, - Мен чалгыны алдым да, анын артынан чаап кирдим.

- Оо, сен жакшы чабат турбайсыңбы? - Абдыш артына кайрылып мени карап калды.

- Адамдын жасаганын жасабай эмне, же эркектер башкачасыңарбы? - Мен каткырып калдым эле, ал чөбүн чаап жатып:

- Аялдар назик келет. Эркектердин жасай турган иши аялдарга кээде туура келбейт! - деп солдун аягына чыгып бери басты. Ошол убакта кайненем үйгө келип калыптыр. Мен уялып күйөөмдүн шымын чечкенге үйгө жөнөмөк болгондо Абдыш:

- Чечпей эле гой, эмне демек эле? Сен мага жардам берип атпайсыңбы, - деди.

А мен кайненемден тартынып турдум. Ошентип эки күн чөп чаап коюп, күйөөм кайра жумушуна чыкты. Мен баягыдан кусканым калып, оңоло баштагам. Көрсө талгак болгон убагым бүтүп калса керек. Ашказанымдын ооруганы жакшы болуп калды деп ойлоп койгом. Август айы башталганда Абдыш жумуштан келип ылай ачытып, эртеси акыркы сокмону урганы Жибек экөөбүз тамак-аш көтөрүп алып, үчөөбүз жөнөдүк. Кечке суй жыгыла ылай алып берип жатып, төрт бөлмө үйдүн дубалынын акыркы баксасын бүттүк. Эжем Дарийка балдары менен тамак-ашын алып келип, Сапар жездем экөө каралашып жүрдү. Күн кечтегенде гана жогору карай бут тарталбай илең-салаң болуп бараттык. Мен артта калып калдым. Жибек менен Абдыш алдыда, үйгө араң жетип босогону аттаарымда Абдыш алдыман тосуп:

- Баягүнү ким жеткирип келди? - деди түрү бузула.

- Ким менен келгенимди өзүң билесиң да, - Мен камырабай эле кайынсиңдимдин ага айтып койгонун билбей ишенип актанууга кириштим эле, колумдан кармап силке көздөрүмө тике карады:

- Айт деп атам, ким жеткиргенин өз оозуңдан угайын?

- Уксаң ошол, эмнеге такып атасың? Билгениңди кылып ал! - деп мен дагы оозуман чыккан сөздү байкабай ачуум менен катуу кыйкырып жибердим. - Мен сага жабышып тийген эмесмин, албай койбойт белең?!

- Эн-не-еңди жала-ап! - деди да, жаактан ары бир чаап, үйдүн ары жагындагы чатырды көздөй дегдеңдете сүйрөп жөнөдү. Ал чатырга жаан жааганда үйдөн тамчы тамганда чыгып жатаар элек. Анткени эскилиги жеткен үйдөн күн жааса эле ар кайсы жеринен тамчы тамып, челек-аяк тосуп жүдөп калчубуз. Мени чатырга жетелеп кирип төр жакка ыргытып ийди да: - Сага бирди көрсөтөм! Аны да мууздап саламын, экөөңөрдү тең өлтүрөм! - деп сөгүнүп да, тепкилеп да жатты.

Ичим менен башымды калкалап алып, мен деле тилимди тыйбай ыйлап сүйлөй бердим:

- Сен алагачпасаң ошого тиет болчумун! Өлтүрө бер, мени эмне жыргатып ийдиңби?! Зорго жүрөм, керек болсо!

- Мына сага зорго жүрсөң! Энеңдин колуна өлтүрүп салып берем! - деп улам тээп сөгүнүп жатканда Жибек менен кайненем келип калды.

- Болду, өлүгүңдү көрөйүн, кош бойлуу аялыңды өлтүрүп аласыңбы, ыя? - деп мени өйдө тургузуп колтуктап алды. - Жетишет!

- Эмне-е? Кош бойлуу дейсиңби? - Абдыш негедир сестене түштү.

- Ооба, көп болду. Кусуп, эчтеке жүрөгүнө барбай уйкудан көзү ачылбаган аял кошкат болот, уйкуга талгак болуп жүрбөйбү!

Муну укканда мен да аябай таң калдым: "Неге ушуга чейин айтып койбойт? Же эмне менин төрөгөнүмдү каалабайбы?" деп жаным жанчылып турса да ойлонуп жаттым.

- А эмнеге ушул убакка чейин билсең да билмексен болуп жүрдүң? Мерезсиң, бул жаш болсо, боюна болгонун билбесе, бир ооз айтып койбойт белең? - деп Абдыш чачтарым саксайып, бүжүрөп Жибектин жетегинде кетип бараткан мени карап. - Эми эмнеси калды, өлүп кетсин! - деди да, чыгып кетти.

Мен үйгө келип түрүлүп турган көшөгөнү түшүрдүм да, бүк түшүп жатып алдым. Кайненем ысык чай берип күйпөлөктөп атты:

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, атасынан да өтүп кетет тура! Ич, иче гой, жылуу жатып ал. Эмеле келип кечирим сурайт.

Тээ түн бир убакта эшикти кыйч эттире ачып Абдыштын киргенин сезип эле жаттым, кыймылдабай ары караган бойдон ыйлай бердим. Көпкө унчукпай жатып, анан кучактап кечирим сурап жалынып-жалбарууга өттү. Мен үн катпадым, соолуктай үнүмдү чыгарбай арманымды кудайга айтып, тагдырыма нааразы болуп улутунуп алдым. Ал кучактаган сайын колун түртүп, боюмду ала качам. Ортого жуурканды түктөп коюп жатып: "Неге, неге мен ушул тагдырга туш келдим? Балким сүйлөшүп, өз сүйгөнүмдө жетсем мындай болбойт беле?" деп жүрөгүм тыз-тыз этет. Ансыз да "көнүп кетээрмин, сүйбөй деле жашаса болот чыгаар, балалуу болуп калсам сүйүүмдү балдарыма гана арнайм. Муну балдарымдын атасы, үйдүн ээси катары сыйлайм" деп өзүмдү өзүм алдап, жашап кетүүгө дилгирленип калганымда үмүтүм таш каап, жек көрүп калдым. Эми кантип жашамак элем? Кылмыш кылгансып сабагыдай эмне кылдым эле? Же тиги менен жатып албасам, ушунчалык дагы карөзгөй болобу? "Эми биерге бир күн да турбайм, сөзсүз кетем" деген жыйынтыкка келдим.

Ал түнү экөөбүз эки жакты карап жатып, уктап калыпмын. Ойгонсом ал жок. Эртеси эч кимге билгизбей кийимдеримди бир жоолукка ороп койуп, үйдөгүлөрдүн бир жакка кетишин күтүп жаттым. Бүткөн боюм кыймылдаган сайын зыркырап ооруп, белим көтөрүлбөй калыптыр. Кечке жаттым. Кайненем тамак берди эле, жүрөгүмө баспады. Кайра бир чыны сүт чай алып келгенинен эптеп ичип алдым. Кечинде келген Абдыш апасынан мени сурап атты:

- Бирдеме бердиңерби?

- Ысык шорпо берсем ичпей койду, чайды сүт менен берсем бир чыны эле ичти.

- Ошо бир чыны менен кечке жатабы?

- Анан эмне кылайын, жакшы эле өнтөлөдүм, - Кайненем актана сүйлөдү. - Ошончо дагы урасыңбы? Мен жөн эле чатырга кирип сүйлөшөт экен десе тепкилеп кийиздей ийлеп жатыпсың - атаңан ашып түшөсүң го? - Наалый сүйлөдү.

- "Атаңды тартпадың" деп атпадың беле, эми ашып кеттимби? - Ал апасын кекете сүйлөдү. - "Урбайсың, төбөңө чыгарып алдың" деп жүрүп сен кылдың!

- Оме-ей өлүгүңдү көрөйүн десе, кайра мага өктөө кыласың да, ыя?

- Болдучу эми! Деги бүгүн эчтеке болгон жокпу?

- Эмне болмок эле, жатат турбай…

- Жанчылып калды го, - деди да, Абдыш үйгө кирди. Жаныма келип тизелей калып жүзүмө үңүлдү. - Кудайга шүгүр, бетиңе тийбептир, көгала болуп калдыбы деп аттым эле… - Чачтарымды сылай бетин бетиме тийгизди. - Кечирип койчу, алтыным. Жанагы кыздын кылганы, кайдагыны айтып. - Мен эчтеке дебей уктамыш болуп жата бердим. - Чай-пай ичип алсаң боло…

- Ичпейм…

- Койчу эми, ичип алчы. Алып келип берейинби?

- Ичпейм деп атпайымбы!

- Кечирип койчу ээ? Кечиресиңби? Кызганып кетпедимби.

- Барчы ары, тынчыраак жаткырасыңбы? - Тултуңдап аны оолактата түрттүм.

- Мейли, жаныңа эле жатам, эс ал, ээ?

Ал жаныма жатып алып үнсүз мелтиреди. Мен анын укташын күтүп жата бердим. Кечке уктаганга көзүм илинбейт. Бир убакта акырын туруп колума түйүнчөктү алдым да, эшикти акырын ачып экинчи эшикке жеткенимде Абдыш чыга калып кармап калды. Таңга маал мени карап жатып катуу уктап кетти. Коңурук тарта баштаганда дагы ордуман туруп шырп алдырбай эки эшиктен тең чыгып ылдый көздөй жүгүргөнүмдө:

- Миргү-үл, токто-оо! - дегенинен коркуп кетип, жүгөрүнүн ичине кире качтым. Шатыратып ортосуна чейин жүгүрүп барып токтоп тыңшап калдым. Калың, бийик болуп баш байлап калган жүгөрүдөн караңгы түгүл жарыкта киши көрүнмөк эмес. Тыңшап туруп, дабыш билинбегенинен четин көздөй жүгүрүп, беттеримди чийип аткан паянын тоскоолдугуна карабай эптеп кутулууга аракет кылып жандалбастаганым текке кетип, Абдыш артыман жетип келип кармап калды. - Караңгыда каякка?! Кетсең жарыкта өзүм жеткирем, бас үйгө, таң атсын!

- Чын эле жеткиресиңби? Кетем, Абдыш, кетем баары бир! - Шолоктоп ыйлап ийдим.

- Чын эле. Азыр үйгө кирели, эртең өзүм алпарам, - дегенине ишенип, аны менен үйгө кирдим. Дагы бири-бирибизден айбыгып, үн катпай жатып калдык.

Эртең менен ал мен уктап жатканда апасына дайындап кетип калыптыр. Ал кеткенден кийин эле ичим бурап ооруп, чыдатпай калды. Көрсө түйүлдүк козголуп калыптыр. Күн чыккыча боздоп ыйлап төшөктө жата бердим. Кайненем ысык чай алып келди эле, иче албадым. Муздак суу сурасам бербей койду:

- Андан көрө ысык чай ичсең боло. Муздак суу кайра оорутат.

- Суу, суу эле ичем, - чыдабай жатып, эшикке чыккым келди. Араң чыгып тамдын далдаасына отура калып ыйынсам бир нерсе түшкөндөй болду. Эңкейип карасам сөөмчөлүк кичине куурчактай көздөрү тостойгон бирдеме түшүп калыптыр, чоочуп кетип кыйкырып ийсем кайненем жүгүрүп келип эле:

- Катыгүн ай, ушуну билгем, - деп наалып, мени өйдө кылып кызыл этти ала коюп, - Кокуй ай, эркек экен, билинип калган тура, - деп үйдү көздөй башын бура кыйкырды, - Жибек ай, келчү бери! Чүпүрөк ала кел!

Ошол убакта антаңдап Абдыш да келип калды, ал мени кетип калат деп жооп сурап келген экен.

- Эмне болду? - Апасын бир, мени бир карап үрпөйө калды.

- Имине болсун, боюнан түшүп калды! Карачы, эркек экен, баары билинип калыптыр!

- Ырас болуптур! Мурунураак айтып койсоң урбайт элем го? - Абдыш апасына нааразы болуп мени сүйөй үйгө киргизди.

- Тону түшөлек, кокуй, доктурга алпарбасаң болбойт ко? - чындап эле чоочуй айтты кайненем, - Эртерээк ат таап келе кал!

- Азыр, - Ал өйдө карай койчу кошунанын үйүнө кетти. Ал кетери менен мен эптеп кийим которунуп даярданып турсам бат эле ат токутуп келип мени алдына мингизип, өзү артка учкашты да, ылдый көздөй жөнөдүк.

Эки күн жатып, үчүнчү күнү "үйгө эле кетем" дегениме карабай Абдыш өзү үйүнө алып кетти. Аргасыз дагы алар менен жашап калдым. Аңгыча күз да келди. Кайненем дагы эле эки күндүн биринде оолжуп ичип алып сүйлөнө берет, бара-бара айтыша да кетчү болдум. Бир күнү уктап жатсам:

- Энең алып келген кийиз болсо да тур өйдө керилип жата бербей! - деп алкылдаганда:

- Эмнеге? Энем алып келейин десе өзүңүз токтотуп атпайсызбы "койо тур, койо тур!" деп. Андай болсо мен эчтеке бердирбейм, кетем бул жерден! - деп кийимдеримди мен дагы булкулдап жыйнап кирдим.

- "Кетем!" дегенин кара. Сен кетпейсиң, кетпес кезиксиң. "Келин кетпес кезик" деп койот. Мына бул там-таштын, мен жыйган дүйнөнүн баары сеники! - деп кайра күлүп жүрөт, - Айланайын десе, мен ошентип эркелетип койо берем, балам, - деп жойпулана калганда бир кызыктай абалда калдым.

Чынында кайненем жашоодогу актрисага окшош болчу. Заматта сүйлөгөн сөзүн да танып кетээр эле. Таңгала карап тим болдум, колумдагы түйүнчөктү коюп, отуруп алып буркурап дагы ыйлап ийдим:

- Мага там-ташыңыздын да, дүнүйөңүздүн да кымындай кереги жок, мени жөн эле койо бергилечи!

- Апе-ей, сени кетирем деп алган эмесмин. Кайда кетесиң ыя? Эриң элден кем эмес, көзүңдү карап турат. Мына, отун алып от жакпасын деп газ алып келип берди. Мен куурап кара көө болуп ашын бышырып багып атканда алып келген эме-ес!

Кайненем дагы баштады баягысын. "Теңелгенде болбойт, бир кемпирге теңелип басып кетсем болбос" деп улутунуп, кудайга зарымды айтып отуруп калдым. Мен "кайнене ушундай болот тура" деп ойлоп калдым, анткени биринчи жолук күйөөгө тийсем кайдан билмек элем. Эмнеси болсо да бөлүнүп кетсек дегенде эки көзүм төрт боло, үйүбүздүн бүтүшүн күтүп чыдай турайын деген чечимге келдим.

Канткен менен Абдышка апасынын айткандарынын бирин айтпайм. Эне-баланы бири-бирине суук көрсөтпөйүн деп, тилимди тиштеп эптеп чыдап жүрдүм. Менин кыйналып көзүмдүн шишип калганын байкаган Абдыш:

- Чыдай тур, тамды бүтүп эле көчүп кетебиз, мага да жакын болуп калат, - деп көңүлүмдү улап турат. - Бүгүн дагы бирдеме дедиби?

- Жо-ок. Эртең сиңдимди чакырып берчи, сүйлөшөм, - дедим ага.

- Мейли, бирок кетем дебе, макулбу?

- Жок, кетпейм, - убада берип, аны жылмайып карап койдум.

- Мен билем апамдын кыял-жоругун, азыраак чыдап кой, - деди ал менин айтпасымды билип.

Эртеси сиңдим менен иним келип калды. Боорсок жасап, конфет, печенье менен баарын алып, эт бышырып берип ийишиптир. Кайненем жагалданып аларды жакшылап тосуп чай берип атты:

- Миргүл силерди сагынды окшойт, ыйлап-сыктап калып атат. Же өзү бара албайт, үйлөрү бүтсө жакын болуп каттап турат элеңер, - деп анча-мынча какшыгын да жөнөтүп атты. Мен үндөбөй алар кетээрде кат жазып берип ийдим.

Үч күн өткөндөн кийин апам өзү эле жарым жүктү атка жүктөп, сандыкты, кийим-кечем менен алып келди.

- Кудагый, камынтпай келип калганыңарга жол болсун. Жетим бала, жесир аялдын эмнеси бар дедиңерби?

Кайненем кергиштей сүйлөп, апамды жактырбагандай болду.

- Кудагый, андай дебе, бергенди билген киши алганды да билиш керек. Сенин эч нерсеңдин кереги жок, мен өз кызымдын бетине чиркөө кылбайын деп келдим. Жетим кыз эмес, келгенине тогуз айдын жүзү болду, келели десек токтотуп коюп аттың. Эми айтпай эле берип койолу дедик. Андан көрө чакырчу туугандарыңды чакыр, кешик жесин, жүк чечсин, сандыгын ачсын! - Апам салмактуу сүйлөгөндө кайненем кайра жойпуланып кетти:

- Чакырбай анан, чакырам кудагый. Чай-пай ичип отура туруңуз, - деп сыртка чыгып коңшунун балдарын жөнөтүп, кайра келди.

Антип-минткиче коңшубуз Аккыз келди, андан кийин абысындары, туугандары келип калды.

- Келгиле, кудагый, - Кумаш жеңе апам менен учурашып, анан кайненеме карады, - Жеңе, жүктү чечели.

- Ооба-ооба, чечкиле. Абдыш үйдө болгондо болот эле, койду союшканга балдар келдиби?

- Келди, көрсөтүп койсоң заматта союп койот.

Эки-үч айал таңылчакты чечип, ичине салынган жоолуктарын алып, төшөктөрдү жыйып, шырдак менен ала кийизди салып коюшту. Дагы эки-үчөө сандыкты ачып, көшөгөнү алышып, ордуна жаңы көшөгөнү тагып, учуна байланган жоолуктарды алып, атыр-самындардан, жүзаарчылардан жазып көрүп алып атышты. Ошентип кайненемдин көксөөсү сууп, алчусун да алды. Коноктоп жатканда Абдыш келип калды. Ал өзүнчө уялып, апам менен учурашып, кайра эшикке чыкты:

- Сен келе бер дедиң беле? - Ал менден сурады.

- Качанкыга силердин төшөгүңөрдү салынып жатам, келгени жакшы эмеспи, - Мен аны жайгара сүйлөдүм, - Акыры келе турган болгондон кийин келе берсин.

- Демек, апам бирдеке деген экен, өчөшкөнсүң го?

- Кайдагыны айтпачы, апам эчтеке деген жок. Мен эле "берсеңер бергиле, бербесеңер жөн койгула" деп кат жазып бергем. Силер уруксат бергиче жыл айланып кетет ко?

- Мейли эми.

Ал кайненемди үйдөн чакырып чыкты:

- Апа, тайнеме кийгизе турганың барбы?

Ал апамды "тайне" дечү.

- Бар, бирок көлөч-маасысы жайлуу болбой турат, тиги жеңеме барып келе калчы.

- Азыр… - Абдыш шашыла чыгып кетти.

Ал күнү апам жатып алып, эртеси жөнөттүк. "Кийитине ыраазы элем, кыскасы төшөнчү келсе болду" деген ойдо болдум. "Бөлүнүп алсак сыйлап алабыз" деп күйөөмдү соороттум. Ал макул болду.

Апам кеткенден кийин кайненем өзүнчө эле кыйпычыктап атты. Көрсө мага алып келишкен чемоданды сурай албай жатыптыр. Кайынсиңдиме өзү деле бара элек болчу. Биз бөлүнө электе чемоданымды берип, бир төшөк, бир жуурканды кошуп анын жарым себин жеткирип келдик. Суук түшүп калган. "Көчөбүз" деп жүктү таңып жатканда кайненем ичип алып түзүктөп узатпай, ар кайсыны сүйлөп урушуп кала берди.

Ошентип өзүбүзчө түтүн булатып, бир бөлмөнү кара шыбактап туруп эле кирип алдык. Абдыш өзү оокатка тың. Бир нерсе болсо эле үйгө алып келе берет. Ошол жылы жаз башынан эшиктин алдына алма, өрүк отургузуп, күндө эки маал суу куюп эрмектейм. Станок менен рулон зым алып келди эле, экөөлөп түнгө чейин сетка токуйбуз. Эжем (Дарийка - төрөгөн энем) күндө кечинде экөөбүздү тамакка чакырат, Адиң акемдикине барам - оңуп эле калдым. Үйүбүздүн тегерегин тосуп алдык. Кыскасы, турмуш деген арабанын жыгачын экөөлөп сүйрөй баштадык. Экөөбүз урушпайбыз, ал дайыма жумуштан келгенде бир нерсе ала келет, мен тамак даярдап койом, ынтымактуу күндөр өтүп жатты. Кыштын күнүндө кош бойлуу болуп, дагы кусуп, тамак жасамак тургай уксам жүрөгүм айланып жатып калдым. Ошондогу күйөөмдүн сүйүнгөнү…

- Эмне жейсиң, айтчы, кайдан болсо да таап берем, - дейт ал.

- Билбейм, азыр алча жок да, алча жегим келип атат.

- Эки күндөн кийин Каракөлгө барам, такыр болбосо компот алып келип берем.

- Чын элеби?! Компот алча, алча компот да! - Мен кубанып аны кучактап калдым.

Ырас эле эки күндөн кийин мени апамдарга дайындап алып барып койду да, өзү Каракөлгө кетти. "Үйдө эле болом" дегениме болгон жок, "чоочуп каласың" дейт. Үч күндөн кийин үч литрлик компот алып келип калды. Сүйүнүп, үйдөгүлөрдөн кызганып, өз үйүбүзгө барып ачып алып жеп койдум. Ошол күнү эс ала түштүм. Андан кийин куспай калдым, бирок уйкум канбайт такыр.

Ошентип кыздуу болдук. Жети күн төрөт үйүндө жатып чыгып келгенде менден мурун эле Абдыш кызын жаткыра койбой көтөрүп алып, көзүн ачып-ачалек наристени өөп:

- Карасаң, Миргүл, өзүмө эле окшош экен! Мына карасаң, көзүн ачып атат.

- Көрдүм эми, жаткырып эле койчу кудай жалгагыр, азыр билбейт, - дейм мен аны карай кубанычтуу. Эне болуу бактысы мени да кучагына алып, толкунданып кетчүмүн. Кызымдын атын Айдана койдук. Абдыш жумушта. Ойлонуп койом: "'Т', сен үйлөндүңбү? Мен балалуу болдум. Жүрөк сүйгөн адамдан эмес, көңүл жактырган адамдан. Сени менен бирге болууну кудай мага буйрубаптыр. Унуталбай койдум, жараткан мага сүйүүнү берип, бирок жетпей арман кылып өтсүн деген го" деп, жүрөгүмдө сен үчүн жаралган төрт сап ырымды кыңылдап отурам:

Жашоо деген машакаттуу бул дүйнө,

Өтө берет арман менен, муң менен.

Буйруб

ады ак сүйүүнүн никеси,

Аз жашоодо өмүрлөшүм башка экен..

Бул ырды ушул Абдышка келип жашап калганымда жазган элем. Кечке кызым менен алышып жалаяк жууп тажап кетем. Эшикке чыксам да Айданам колумда, сууга барсам чака бир колумда, кызым бир колумда. Суук түшкөндө үй суук болуп, эжемдердин үйүнө барып отуруп, кечинде келем.

Кайненем Айдананы көргөнү келип калды. Жакшы тосуп алдым. Айдананы алдына алып отуруп жалынып-жалбарып, жан-алы калбай отурду. Алдына тамагымды коюп, кетээринде башына жоолук салып жөнөттүм. Баягы бойдон үйгө келгени ушул болчу. Алкап ыраазы болуп кетти. Кызыбыз бир жашка чыгып калганда, Абдыш тракторун таштап, шоопурлук окууга окуп калды. Мен үйдө калдым. Бат эле убакыт өтүп, Абдыш окуусун бүтүп, совхозго слесарь болуп иштеп калды. Көп өтпөй талаа жумушуна чыга баштадым. Айдананы кайненеме таштап койгом. Бир жолу жумуштан келатып аварияга учурадык. Газик машинада толтура эл, чоң сал туздар, бешилик бар болчу. Бир тобунун акыреги сынып, бир-эки жашар кыздын өзөрүп ээси ооп калгандыктан ооруканага жеткиришти. Мен эч нерсе болбогондой эле үйгө кетип калдым. Эртеси ордумдан туралбай калыпмын. Сегиз айлык боюмда бар эле, козголуп калып, бир ай төрөтканада жатып, акыры түшүп калды.

Күз эле, күйөөм кечинде үндүк алып келди, айлыгын алган экен. Ал күнү унчукпай жатып алып, эртеси Абдыш жумушка кеткенде мен кийимдеримди алып, кызымды көтөрүп, "мени издебе" деп жазып таштап коюп кетип калдым. Ошол бойдон төркүнүмдө бир айча жүрүп калдым, аерден атам жашаган Токтогулга кеттим. Бир айдай болуп калганда кайра Осмон Атага жөнөп калдым. Ошондо 6-ноябрь болчу. Вокзалда турсам тажездем келип:

- Сен тоого кетип жатасыңбы? Жүрү тиги автобус менен кетип кал, айылга кетип жатабыз, - деди.

"Жакшы болгон тура, кете берейин" деп анын артынан ээрчий басып автобуска түштүм. Мен түшкөндөн кийин автобус оорукананы көздөй жөнөдү. Айылга кете турган жакка кетпей, башка жакка кетип жатканына таң калганым менен, сурай албай кете бердим, анткени автобустун ичинде мен тааныган артисттер бар экен. Автобус айланып барып, Жаңыжол тарапка түшүп кетти. Айылды аралап барып, бир үйдүн бастырмасына киргизе токтотту эле, баары түшүп кетишти. Мен кала бердим. Бир убакта тажездем чыгып:

- Түшүп нан ооз тийип чык, - деп калды.

- Эмнеге, кетесиңерби? - дедим мен.

- Кетебиз, бираз иштер бүтсө эле кетебиз, - деп менин колумдагы баштыкты, кызымды алып үйгө кирип кетти. Аргасыз анын артынан кирсем алардын кетээр түрү жок, дасторкон жайылып, чай ичип отурушуптур. Толтура ичимдиктер. Мен киргенде баары мени карап, төрдөн орун берип калышты. Бир топ отуруп күрү-күү болуп, акыры алды мас болуп калганда экөө дасторкон жыйып, төшөк салып калды. Мен кызымды көтөрүп сырткы бөлмөлөргө чыгып жатаар жер издедим. Бир бөлмөсүнө кирсем балдар аркы-терки уктап жатат, эң төрүнө барып эски куфайка таап алдым да, аны жамынып, кызымды кучактап жатып алдым. Мени эмнеге алып келгендерине башым жетпей ойлонуп жатып уктап кеткен экемин, чоочуп ойгонсом бирөө мени сыйпалап жатыптыр. Ыргып туруп аны ары түрттүм да, босогого жетип жарыкты жандырып:

- Сен кимсиң, биерде эмне кылып жүрөсүң? - дедим.

- Чоң кыз, капа болбосоң, мен сени атайын алдырып келгемин. Бирөөлөрдү жеткирип азыр келбедимби, ачууланбачы эми, таанышып алалы, - деди колун суна.

- Мен сени менен таанышуу үчүн келген эмесмин, бар кетип кал. Талаада жаткан бирөө бар бекен биерде? - деп жиним келип эшикке түртүп чыгардым да, эшикти ичинен илип алдым.

- Ач эй, эшикти илбе! - деп каалганы такылдатып атып тажаганда ары кетип калды.

Эртеменен турсам, баягылар алда качан туруп, автобуска түшүп жатышкан экен. Мен дагы түшүп, тажездем менен уруша кеттим. Алар мени вокзалга жеткирип койду. Мен жерге түшкөндө шоопур:

- Дагы жолугарбыз, кыз болуп кетсең да көрөмүн аяган жериңди, - дегенде мен аны акшыя карап:

- Сени менен эле жолуккум келип туруптурбу?! - деп басып кеттим да, айылга кетчү автобуска түшүп жөнөп калдым.

Мен келсем Абдыш бир күн мурун келип кетиптир. Эжем мени уруша баштады:

- Эй кыз, Абдыш урушпаса эле мине кетип калдың? Кызың турат, өзүңдөй болуп калбасын, - деди.

- Болсо боло берсин, барбайм, - деп көгөрдүм мен.

- Жылаан чакпай, жылкы теппей, жакшына жашап атып баса бергениң эмнең, тобо-оо. Мен дагы "урушса керек" деп ойлогом, - эжем наалып тилдеп жатты.

- Койчу ошону, апасы жаман, басса-турса мени жамандап басып жүрөт. Куусаңар башка жакка кетип калам, - дедим мен бултуңдап.

- Сени кууп жатамбы? "Тынып калсын, өзү менен өзү болсун" дегеним да. Апасы жаман болсо, өзүңөрчө жашап жатпайсыңарбы!

- Ошонсуз эле жашайм, экинчи барбайм.

- Мейли, өзүң билчи. Кызың өзүңдөй болуп калабы деп эле көңүлүм тынбай жатпайбы!

- Коркпой эле кой, кызымды эч кимге түрткүнчүк кылбай эле багып алам!

- Көрөм, - деди эжем.

Андан кийин унчукпай өз тиричилигине киришип кетти. Мен ага каралашып жүрдүм. Бул жерге келгени күндө райпонун малы союлуп, кол бошобойт. Биз колубуз бошобой май сызгырып жатсак кайненем келип калды. Мен кызымды андан ала качып ар жакка кетип калдым. Кайненемди эжем үйгө киргизип чай берип жатты. Мен үйгө кирбей коңшунун үйүнө кирип отуруп алсам, эжем сиңдимди жибериптир. Мен такыр болбой койсом эжем өзү келди.

- Бас эй кыз, барсаң барам, барбасаң барбайм деп эле кой да, качканда сага эмне… - деди.

- Көрүнбөйм. "Кетпейт" деп эле өзүң айтып койбойсуңбу?

- Мен жашамак белем? Алдагы кыз ошолордун кызы, аны эч жакка бөлүп кеталбайсың. Андай болсо кызын бер!

- Бербейм дагы, барбайм дагы, - Көгөрүп отуруп алсам кайненем өзү келди.

- Айланайын, келиним эмес кызым деп эле жүрөм, бөйтөңдөп эле оокат кылып жаттыңар эле, кайсы кара теке сүздү?

Кайненем Айдананы ала коюп эки бетинен өөп, эркелетип калды.

- Сиз убара болбой эле койбойсузбу, мен баары бир барбайм. Бара турган болсом кетпейт болчумун.

- Ийи, эмнеге минтип калдың? Же менин зыяным тийбесе, бир балаңар менен бөйтөңдөп жүрө бербейт белеңер.

- Жашабайм дедим, жашабайм!

- Мейли, өзүң бил. Менде эмне күнөө, күйөөң келсе сүйлөшөсүңөр да.

- Келбей эле койсун. Барбайм дегенди кандай түшүнбөйсүңөр? - деп ыйлап ийдим.

Эжем менен кайненем ээрчише чыгып баратып кайра эжем мага кайрылды:

- Үйгө бар эми, сени эч ким күчтөп салып берип жаткан жери жок.

Анан ошол бойдон чыгып кетишти. Мен көпкө ыйлап отуруп, анан үйгө барып төркү бөлмөгө кирип жатып алдым. Кайненем эртеси, анын эртеси деле кетпеди. Көгөрүп мен да болбой туруп алдым. Үчүнчү күнү эжемдин кошунасы Жамийла менен эшикте сүйлөшүп турган жездем Сапардын сөзүн капысынан угуп калдым. Үйдөн чыгып келаткам.

- Кызыңар эмне, кетпейм деп атабы? - Жамийла жездемден сурап калды.

- Билбейм, өздөрү чечсин. Мен аны бар же барба дебейм. Өзүмдүн кызым болсо кандай айтсам жарашмак, муну бар десем батырбай жатат деп ойлобойбу!

Ушул сөздү угуп эле кайра кирип кеттим. Өзүмчө ызаланып ыйлап жатам. Айдананы кайненем эшикте эркелетип жүргөн болчу. Ошол күнү кечинде күйөөм келип калды. Аны көрүп, айткан сөздөрүнө каяша кылбай кийинип жөнөдүм. Жүрөгүмдө Сапар жездемдин сөзү, ичим түтөп, ойлогон сайын ого бетер ыйлагым келет. Үйгө келгенден кийин Абдыш алды-үстүмө түшүп жаркылдап, көңүлүмдү алууга аракеттенип жатты. Өз оюмда экинчи бул үйдөн кетпес болуп аттым: "Аттиң, чын эле өз атам болсо башкача болмок. Анда буга тиймек эмесмин. Тагдырым-таалайым ушуга байланган тура" деп ичимден тынам.

Абдыш слесарлыктан чыгып, машина айдап калды. Күнү-түнү талаада. Эрте кетип, кеч келет. Көмүрдү түшүрүп койгон, эртеменен өзү от жагып кетет.

- Өчүрбөй салып ал, чай кайнап калды, туруп ичип алгыла, - деп анан чыгып кетет күндө.

- Ооба, - деп уйкусураган бойдон калам.

Кыш өтүп, жаз да келди. Эски машинасын калдыратып, Абдыш совхоздун кайсы фермасына болбосун кете берет. Ошол жылы дагы бир кыздуу болдук.

Суук түшүп калган. Түнкүсүн бир-эки саат эле эс албаса, эрте кетет. Бирок анын мамилеси баягы эле бойдон эртең менен эрте туруп отту жагып, чайды кайнатып, көмүр салып коюп кетет. Мен түшкө чейин уктап, кыздарым ойгонгондо гана турам. Абдыш жок, эки кызым менен үйдө отурам. Тамак жасап күтсөм, жок. Ал кечиккенде ар дайым баштык менен толтура боорсок, конфет, эт кылып көтөрүп келчү. Ошол күнү дагы килтейген семиз жамбаш менен толтура таттууну көтөрүнүп келди:

- Кадырбек акенин кудасы келиптир, аларды жеткирип келдим.

- Сага күндө эле ушундай жумуш чыга береби?

- Ананчы, кандай конок болсо да мени жүр дешет, анан кантип баш тартам.

- Бара бер…

- Дагы кээ бирине баралбай калпычы болуп жүрбөйүнбү.

Мен үндөгөн жокмун. Ошондон эки эле күн өткөн. Дагы кечигип жатты. Мен отту жагып алып тамак жасап, кызымды тойгузуп, кичинекейимди бешикке бөлөп жатып алдым. Кызым чукуранганынан карасам ойгонуп алыптыр, эмизип койсом уктап калды. Эртеси ойгонсом таң атып калыптыр. Туруп отту карасам чогу өчпөптүр. Көмүрдөн салып коюп, үйдү жыйып, анан кызымды бешиктен чечип атсам кошунам Сайракан кирип келди.

- Кел-кел, - Мен аны жылуу тосуп алдым, - Отур!

- Жо-ок эй, отурдум. Мина, Абдыш келген жокпу?

- Келбей калды го…

- Ийи де, - деп койуп, - Кой, кетейин, - деп чыгып кетти.

Ал кетери менен күйөөсү келип, ал дагы:

- Абдыш келген жокпу? - деп сурады босогодон эле.

- Жок.

Мен кызым ыйлаганынан алаксып калсам, ал кетип калыптыр.

Биз чай ичип отурсак Сайракан кайра кирди. Мен эчтеке дебей анын бир нерсе айтаарын сезе кулак түрүп карап туруп калдым.

- Миргүл, Абдыш бузулуптур, эй. Түндө биздикине бир келинди алып келип жатып кетти, - дегенде жаман болуп кеттим. Оозума сөз кирбей калды. Өз оюмду токтотуп, анан ордуман турдум:

- Сайракан, түндө жетпеген бутуң эми жеттиби? Андай болсо түндө келсең болмок, эми эмне келдиң, табалайын дедиңби? - мен ызама чыдабай, ага катуу айтып жибердим.

- Абдыш мени такыр чыгарбай койбодубу, келейин деп эле турдум…

- Бар анда бара бер! - Ачуум менен кетирип жиберип, өзүм Айдананы кийинттим да, кичүү кызымды ороп алып, күйөөм кооз кылып жасатып келген бычакты жалаяк салган баштыктын түбүнө салып, үйдөн чыктым. Эшикти кулптап коюп, Сайракандын үйүнө бардым:

- Бул ушул жерде отуруп турсун, мен келип калам!

Жооп күтпөй эле чыгып кеттим. Тельманга кетчү жолго чыгып туруп алдым. Саан уйга кетчү машиналардын баары кетип калыптыр. Кызым ыйлаганынан саатымды карасам бир болуптур. Эмне кылаар айламды таппай турсам бир машина келип калды. Мени үйгө жеткирмекке. Көрсө завгар Кадырбек аке баарын угуп, Абдышты жумушка чыгарбай койгон экен. Менин жолдо турганымды көргөн шоопурлар айтып барышса керек. Өзүнүн машинасын жөнөтүптүр. Аны менен үйгө түшпөй коңшумдун үйүнө келип отуруп алдым. Сайракан коңшу-колоңдун баарына жайса, күйөөсү гаражга жеткириптир. Арадан үч күн өттү, Абдыштан дайын жок. Мен коңшумдун үйүндө жата бердим. Карыш турган өз үйүмө барбадым. Үчүнчү күнү кечкурун жолго үч трактор, эки машина токтоду да, Абдыштын жээни аялы менен, достору болуп келишиптир:

- Тажеңе, тайкем бейбаштык кылып коюптур, кечирип кой эми, мындан ары андай болбойт, - Жээни келип мага ушуларды божураганда менин жиним келип кетти:

- Мен силер менен жашабайм, өзү келсин!

- Койчу, тажеңе, кечирип кой…

- Бар, бара бергиле!

Алар унчукпай чыгып кеткенде эки-үч досу келип мага тамашалай сүйлөштү:

- Аяш, Абдыштын бейбаштык кылганын кечирип кой эми, ал эркек да. Кайра нике кыялы, жүр эми өзүңөрдүн үйгө, - дешип мени колтуктап тургузмак болушту эле, мен тултуюп отуруп:

- Бакин, сен ойлосоң, акмак болбосо ушул жерге алып келбей, көзүм көрбөгөн, кулагым укпаган жакка алып барып маа десе жашап албайбы?! Мени басынтып так маңдайыма алып келгени кантип болсун! - дедим.

- Ата-аңдын оозун урайын десе, аны биз тарбиялап койобуз. Бир жолкусун кечирип кой, аяш.

- Өзү келсин, өзү менен сүйлөшөм!

Алар чыгып кеткенден он-он беш мүнөттөн кийин Абдыш өзү кирип келди. Маңдайыма отура калып, тизелей калды да, чай иччү столдун үстүндөгү нандан бир сындырым алып, чыныдагы сары майга сыйпады:

- Миргүл, кечирип кой, экинчи мындай болбойт! Эч качан болбойт. Кыздарымдын, сенин алдыңда күнөөмдү мойнума алам, кечиргиле!. Экинчи жолу дагы ушундай ишке барсам ушу нан менен сары май уруп кетсин?!

- Ылайым уруп кетсин! Мен сени минтпейт деп ойлогом, көрсө сен ушундай экенсиң да?! Эми мени төркүнүмө жеткиресиң, мен сени менен эч убакта жашай албайм!

- Койчу эми, алтыным! Кечирип кой, мындан ары мындай болбойт!

- Менде көңүлүң болбосо, көрүнгөн менен жүрсөң, мени эмнеге аласың? Мен дагы каалаганыма тиет болчумун, минеге аласың ыя?!

- Болду эми, мени кечир… - Ал менин жаныма өтүп улуу кызым Айдананы кучактап өөп, отурган жеринен көтөрүп ала койду, - Айдана, апаңды кой дечи, мен эми силердин жаныңардан чыкпайм, ээ?

- Каргана бер, баары бир көнгөн адатыңды таштабайсың, мени азыр жеткиресиң!

Мен ыйлап кирдим. Коңшум аялы экөө ошондо уялды бекен, билбейм, унчукпай ички бөлмөсүндө отура беришти. Акыры аялдык жумшактыгым, кечиримдүүлүгүм жеңип ага ишендим, кечирдим. Экөөбүз ээрчишип, эки үйдү бөлүп турган тосмодон өтүп үйгө келдик.

Үй суук, үч күндөн бери от жагылбаганга сырттан айрымасы жок болуп калыптыр. Абдыш жанталашып от жагууга киришти. Мен отуруп алып ыйлап жатсам үч жашар кызым эмшиңдей мени кучактап алып ыйлап калды эле, өзүмдү кармап аны соороттум да, кичинекей эки айлык кызымды төшөккө ороп жаткызып, Айдананы алдыма алдым. Үйдө от жагып, чай ичип болгондон кийин:

- Азыр Осмон-Атага барабыз, көң алып келели, - дедим Абдышка.

- Бүгүндөн кийин эле баралычы, - Ал мени кабатырлана карады.

- Жок, бүгүн барабыз, - Көгөрүп туруп алдым. - Бүгүн алып барбасаң, эртең эки кызым менен өзүм кетем!

- Койчу, Миргүл, баарын унутчу. Мындан ары эмне десең аткарам, бүгүн койо тур, эртең деле барабыз.

- Эртең десең өзүм кетем, азыр алып барсаң алып бар! - десем ал биразга ойлоно түштү.

- Миргүл, ансыз деле Кадырбек аке аябай тилдеди: "Эркек болсоң ушул ишти жакшылап ойлонуп кылбайт белең? Бул ишти 'мен эркек' дегендин баары жасайт, көз көрбөгөн, кулак укпаган жакка, анан дагы оозу бекем адамдарга көргөзбөйсүңбү?" деп урушту. Эгер азыр барганда апамдарга айтпасаң баралы, айтсаң барбайм.

- Болуптур айтпайм. Азыр алып бар, көң алып келели, эгерде азыр макул болбосоң өзүм кетем да, баарын айтам.

- Макул, кеттик. Сөзүңө туруп, эч нерсе айтпай кайра мени менен келесиң!

- Ооба, айтпай эле койом.

Ал мени кучактап алып өпкүлөп ыраазы боло ишеничтүү чыгып кетти да, машинасын от алдырды. Эки кызды жаныбызга алып, жолго чыктык. Мен үнсүз баратам: "Ушуну шылтоо кылып биротоло келбей эле койсомбу? Деги ушуну менен жашагым да келбейт. Өлүп кетсин, айтам да кала берем". Мен бир чечимге келип, жолду этиеттене карап бараткан күйөөмдү көз кыйыгым менен акырын карап койдум. Жол калың кар, тайгак, аста айдабаса өтө коркунучтуу. Белге жете бергенде эңкейиштен алды жактан түлкү өтүп кетти.

- Миргүл, ушул жерден артка кетеличи, алдыбыздан түлкү өтүп кетти, кырсык болуп жүрбөсүн? - Абдыш мени кабатырлана бир карап, машинасын токтото калды, - Түлкүнү кырс дешчү эле…

- Эчтеке болбойт, шылтоолобой айдай берчи! - Мен ага болбой койдум.

Аргасыз айдап жөнөдү. Өйдөлүш жерге келгенде түз эле бараткан машина сыйгаланып барып өзүнөн өзү кайра артка бурулуп ылдый карап калды. Эки кызды бекем кучактап кудайлап алгам.

- Айттым го, көшөрбөй эртең деле баралычы, кыздар үшүп калбасын? - Ал үмүттүү карады.

- Эртең эмес, азыр барабыз, кудай сактасын! - дале көшөргөнүмдү койбодум.

- Мейли, экөөбүз акыйлашканча балдарым тоңуп калбасын, - Абдыш машинасын от алдырып жай айдап бурулду да, кайра жөнөдүк, - Ушу сен бирдеме ойлоп баратасың го. Балким, "келбейм" деген оюң барбы? Апам менен тайнеме айтпасаң барам, болбосо азыр бурулам да, үйгө кетебиз, Ал менин оюмду окуй койгондой кырга чыгып дагы токтотту.

- Балдар үшүйт. Эмне, бала болуп кетесиңби? Күнөөлүү өзүң, мен эмес. Айтса айтам, бирок калбайм!

- Айтпайм деп сөз бер, болбосо азыр артка кетебиз!

- Эми жөн айдачы, күн кеч болуп баратат, көң да жүктөш керек. Эчтеке айтпайм!

Абдыш унчукпай айдап жөнөдү. Эмне ойлоп баратканын билбейм, мүмкүн баарына кайыл болуп турдубу, ким билет. Мен да үндөбөй кете бердим. Аркар-Ашууга келгенде тикеден зорго чыктык, ичимден кудайга жалынып, кыздарымды кучактап алгам. Туу белге чыга бергенде "өх" деп жибердим. Бирок алдыда дагы бир топ жол, тайгак өйдө-ылдыйлар бар эле. Ылдамдыгын жайлатып жүрүп отуруп, Осмон-Атанын калың мүрзөсүнүн жанынан өткөндө гана Абдыш эс алып, куран окуду. Экөөбүз бата кылгандан кийин уктап калган Айдананы, мени бир карады да, кайра айдап жөнөдү:

- Ушу түндө жөн эле ээликтиң. Эртең эрте жумушка чыгыш керек, түндөп үйгө кетишибиз керек. Жолдо жүрүп балдарга суук тийбесе болду.

- Кудайым өзү сактайт. Ооругусу келсе үйдө отуруп деле ооруп калат экен го, кудайым боору ооруп койсо ажеп эмес.

- Оорубай эле калсын дечи, оолукканыңды айтам да. Апам деле жети түндө кирип барсак эмне дешет?

- Аны тим кой, биз көңгө келдик. Сенин күндүзү колуң бошобойт, туура айтамбы?

- Туура.

Биз ошо кезде үйдүн алдына келип токтоп калдык. Жездем чыга калды. Андан кийин эжем. Бизди утурлай басып, эжем колумдагы кызды ала койду. Айдананы өзүм алып түштүм да, үйгө кирдик. Абдыш жездем менен учурашып сыртта сүйлөшүп, бир аздан кийин кирди. Инилеримди тургузуп машинага көң жүктөп атышканда эжем чоң үндүк союп тез эле казанга салып, плитага асып койду. Аны менен кошо чучук, сүрсүгөн эт кошуп, отту улуу жагып, өзү кесме жасаганга киришти. Абдыш үйдө менден бир сөз чыгып кетеби деп менин жанымда, "балдар эле жүктөйт, үшүп келдиңер" деп жездем да чыгарбай койгон.

Таңга маал алардын бергенин алып, жолго түштүм. Калам деген оюмдан кайттым, анткени жездемин "өз кызым болгондо башкача болмок, өздөрү билсин" деген сөзү кулагыма жаңырып туруп алды. Ошентип энемдин өз энедей болуп ага боор бералбаганыма, апамдын картайып калганына, жүрөгүм ооруп, кайрадан жолдомун. Эжем көрүнөө бердиби, жарыдыбы, айтор бир топ оокат бериптир: килейген чоң идишке тоңдурулган май, чучук, эт, сүзмө, сүтү дагы жүрөт. Таң аппак атканда үйгө келдик. Бизди үйгө киргизип коюп, Абдыш өзү көңдү түшүрдү да, жумушуна жөнөдү. Кетээринде:

- Мен эрте келем, көңдү өзүм киргизем, сен кыздарды жакшы карап, үшүтпөй от жагып отура бер! - деди.

- Мейли.

Мен башымды ийкеп кала бердим. Кайрадан түбү жок санаа, уч-кыйыры жок ойлор: "Оо кудай, неге мен ата-энем менен бактылуу болалбадым? Эненин мээрими, атанын жакшы сөзү эмнеге мага буйрубады? Экөөнө тең чоочунмун, экөөнөн тең жакын туруп алысмын, сырдашалбайм, сырымды айталбайм. Жок дегенде ара-энеден айтпасаң да, жүрөгүм сүйгөн адамга ыраа көрбөгөнүң эмнең, жараткан? Мен өмүр бою өкүнүч, арман менен өтүүгө жаралдым беле? Оттон, суудан, жадагалса өлүмдөн кайра тарткыс улуу сүйүү бердиң, ал менин жүрөгүмдө гана жашап келет. Көңүлүм чөксө да, кубанып толкундансам да ошол туңгуюкта калган сүйгөнүм менен кеңешип, сүйлөшөм. Балким ал мени азыр да, кийин да ойлоп сезбестир. Бирок баары бир мен аны сүйөм. Ошол үчүн жашап, ошол үчүн тирүүлүктүн улам кийинкисинен үмүттөндүргөн, табышмактуу жашоону курчап турган ааламдын таза абасынан дем алып келем!"

Чукуранып ыйлаган кызымдын үнүнөн селт этип алдым. Аны кургактап коюп, тиричиликтин түгөнбөс түйшүгүнө бет алган менен негедир ошол боз улан кылт этип эсимен, жылт этип көз алдыман кетпейт. "Кылкылдап барам кайыкта"… Ушул ыр менен бирге анын турпаты карегимде катылып калган өңдлүү. Жүрөгүмдө ага арналган ырлар… чубайт:

Жан сырым ачылбаган бойдон калды,

Бул өмүрдө өкүнбөгөн пенде барбы?

Бир сен деп өмүр өтүп барат аттиң,

Дагы сага жолугушчу күнүм барбы?

Алоолонгон сезимге кабылганмын,

Бир өзүңдөн башкага арбалбадым,

Жан дүйнөм эзилип күнү-түнү

Бир сен деп улгайгансып баратамын..

"Кайыкта" деп ырдаганың дале эсимде,

Көз алдымда ошондогу болгон кече.

Азыр да уккум келет ошол ырың

Башымды жөлөп алып ийиниңе.

Ушул саптарды дептериме чиймелей салдым да, кайрадан тиричиликке баш уруп кеттим.

Уулдуу да болдук. Ошентип билинбеген жылдар аралыгы өз түйшүгүн мойнума артып күйөөмдүн эмне кылып жүргөнү мени кызыктырбай деле калды. Эмки сүйүүм балдарым үчүн, алардын чың эткен үнү чыкса жандүйнөм жабыркап жашоомо бурганактуу шамал урат, кудайдан ошолордун өмүрүн тилеп күнү-түнү маңдайындамын.

Бир күнү биздин үйгө чоочун адам келип калды. Үндөбөй үйгө кирди. Абдыштын кайда экенин сурамжылап отуруп:

- Мен Токтогулдан келдим. Атаң мени силерге атайын жолугуп кел деген, жакында келебиз дейт.

- Ийи, келсе-келбесе өздөрү билет, - дедим мен.

- Айтып кой деген эле, аманатын аткардым, - Ал адам ордунан туруп баратканда мен:

- Аа качан келээрин айтпадыбы? - дедим.

- Кийинки жумада келет ко?

- Макул, жакшы барыңыз, салам айтып коюңуз!

Дарбазадан чыгарып койдум. Абдыш келгенде атамдын келээрин айтсам ал дагы каршы болгон жок, камына баштадык. Үйүбүз бүтө элек, эки гана бөлмөсүн бүтүрүп жашап жатканбыз. Алыбыздын келишинче даярдандык, союшту алып келип байлап койду, аны уккан эжем мага капа болуп жүрдү. Ошондон жети-сегиз күндөн кийин эле атамдар келишти. Колубуздан келишинче коноктодук. Атам бар болгону менен, аны менен ата-баладай болуп оюмду ачык айталбасам, "ата" деп ага кайрылбасам жүрөктүн түпкү катмарында арман түтөп кала бердим. Атам башка балдарына кандайдыр бир өнтөлөп турат, эжем деле балдары үчүн кам көрөт, а мен үчүн кам көргөн бирөө эле - ал менин балапан кезимден тарбиялап, акыл-насаатын, нарк-насилин үйрөтүп келген Апай апам гана!

Абдыштын "теңтуш күтпөйм, тууган күтпөйм, өзүм менен өзүм болом" дегенине карабай баарына катышууга жетиштим. Достору менен чогултуп аларга тапканынан алпарып каттоо кылдым, жакын туугандарынын жамандык-жакшылыгында чогуу алыш-бериш жасап, алар чакырса барып, үйгө чакырып мамиле жасай баштадым. Абдыш өзү да оокатка тың дебедимби башында: кой, козу, улак алып келип мал кыла баштадык. Кайненем торпок берди эле, аны жездем чоңураак кунаажынга алмашып берди. Аңгыча төрт балалуу болдук. Тилекке каршы, эки балам оорукчан болуп калды.

Абдыш кийинки күндөрү мага:

- Неге, сенин жатыныңда барбы, эки эркек балаң оорукчан төрөлдү? - деп менин зээнимди кейитчү болду.

- Эмне, сенин уругуңда дудук турбайбы, ошонун кесепети да! - деп мен да аны менен айтыша кеткеним менен, баары бир балдарымдын келечеги ойлондурбай койчу эмес. Ал эми Абдыштын сөзү кийинчерээк мага атылган октой тийчү болду. Дагы уулдан экини төрөдүм. Эң кичинекейим тогуз айында чарчап калды. Үч уул, эки кыз менен алышып убакыт өтө берди. Аяштарым менен майрам сайын отурушта бирге болобуз, эртеси баш жазганда кайрадан уланып, үч-төрт күн майрам болоор эле.

Бир жолу Жетигенге аяшыбыздын атасы Бегимкул аяшатаныкына барып калдык. Аяшым Акбари Эмил экөө биз менен чогуу, ортодон жогору кызуубуз. Таң атканча отуруп, таңга маал дасторкон жээгинде кичинекей уул баланын мени карап отурганын көрүп:

- Ай балам, мени апаңа окшоштуруп атасыңбы? - деп мен аны жылмая карап сурап калдым.

- Жок, апасы сулуу, - Жанында отурган чоң атасы мага карап күлүп койду.

- Анда атасына окшоштуруп жаткан го?

- Атасы да сулуу!

- Болбосо чоң апасына! - Мен дагы өчүшкөндөй сурай бердим. Ошондо Шайымкул аяш ата мени култуңдай карап тамашалай сүйлөдү?

- Чоң апасы деле сулуу, бирок уулумдун сага пейили түштү белем, анча-мынчага карачу эмес эле…

- Анда бала кылып алайын, ушундай жаман уулум бар, дос кылалы?

- Болду, дос болсо дос болобуз, ээ? - Шайымкул аяш ата небересин алдына алып күлүп калды. Арытан Мактым аяш апа кирип келди эле, - Ой апасы, Элмирим биякта дос күтүп атса кайда жүрөсүң, ыя?

- Болсун, болсун, дос болчу бала кимдин баласы экен? - деп небересин карап койду, - Алдыңа кетейин десе, достошкуң келип атабы?

Үч жашар бала эмнени билмек, унчукпай чоң ата, чоң энесин карап отура берди.

- Ой келиним, - Мага карап кайрылды Шайымкул аяш ата, - Кана эмесе, аяш балаңды жуубайсыңбы?

- Жинди го мынабу, - Мактым аяш апа чалын тыя сүйлөдү. - Ал эмнең, уят эмеспи.

- Ошонун уяты барбы? Уулумду жөн эле бала кылып бербейм да, куру аякка бата жүрмөк беле?

- Аяш ата, сиз кандай десеңиз ошого макулмун. Бирок түндүккө карайлы, түндүк сиздики го дейм, сизден баштайлы!

- Оп баракелде, аяш атаңды ырас кылдың, бол эми өзүң башта! - Мактым аяш эне чалын түртүп, нукуп, небересин андан алды, - Бол эми, Акбарилер да келет.

Мен Элмирди алып көтөрсөм ал болпоюп дегеле чоочуркабайт. Алдыш, Эмил, Акбари болуп эшиктен кирээри менен мен сүйүнчүлөй баштадым:

- Көрүндүк бергиле, мен аяш уулдуу болдум.

- Болсун, болсун, - Акбари күлүп калды.

- Кандайча? - Абдыш таңгала сурады Эмил экөө. Анан Мактым аяш апа экөөбүз аларга жаңылыкты айтып жатканда Шайымкул аяш ата эки бөтөлкө арак алып келип калды. Дасторкондо баары бар, бакылдашып эки баланын өмүрүн тилеп, аларды тааныштыруу үчүн жакшы сөздөрдү каалап көпкө отурдук. Шайымкул аяш ата бизди кийинки жумага келгиле деп дароо эле чакырып койду. Биз сөзсүз келээрибизди айтып, кечке маал жолго чыктык.

Кийинки жумада балага бир сыйра кийим-кече менен, чоң ата, чоң энесине кийим кылып жетип бардык. Алар күтүп жатышкан экен. Эмилдер чогуу барышкан. Эки баланы чечинтип төштөрүн тийгизип достоштурдук.

- Кана эмесе балдар, оюндан от чыкты дегендей, сөздөн сөз чыгып мына кыйышпас адамдарга айланып калдык. Дос кудаанын аты дешет, эки достун ортосунда аксак сары ат болот, ылайым ушул эки наристе чоңоюп эр азамат болгондо Курманбек менен Аккандай кыйышпас достордон болсун, Манас атамдын арбагы колдосун, оомийин! - Шайымкул аяш ата алаканын жая бата кылды. Биз дагы бата берип, үч-төрт жаштын ортосундагы эки наристеге узун өмүр, кетпес дөөлөт, кажыбас кайрат каалап, дасторконго отурдук. Кубанычыбыз койнубузга батпай эки баланы жетелештирип карап койобуз. Бойтоңдоп ойношкону ичибизди ого бетер жылытып, жүрөгүбүздү элжиретет. Эт бышып алдыга келгенде аяш ата:

- Эмесе эки уулумдун келечеги үчүн ушуну тамактын алдында алып койолу, балдар! - деп калды.

- Болду эми, картайганыңды билбей эле балдарың менен кагыштыра бербей, - Мактым аяш апа аны тыйып калды.

- Коюңузчу, биз менен бүгүн ичпегенде качан ичет? Бүгүн "особый день", - Эмил кызуу, орусчалап калды.

- Туура, аяш апа, бүгүн ушул жерде отургандарыбыздын баары өзгөчө кубаныч менен отурабыз, биздин Нүкүтай дос күтүп, ага досторубуз күбө болду, бүгүнкү күн өзгөчө күн! - Мен аяш апаны карап жылмайып койдум.

- Маакул балдар эми, өтө калжаңдап кетпесин дегеним да, болбосо эмне, экөөбүз тең эле ичип жүрбөйлүбү.

- Жеңе, акемди биздин көзүбүзчө тыйбаңыз, ал дагы сүйүнүчтөн ичип атат, - Акбари сөзгө кошулду.

Эмил кайрадан стакандарга арак куюп майлуу боор менен кошо сунуп:

- Кана эмесе, - ал Шайымкул аяш атаны карады, - Ата, сизге денсоолук, ушинтип эле неберелериңизге дос-тууган күтүп ызаат-сый көрүп жүрө бериңиз. Ушу аяш балам менен Элмирдин өмүрү узун, келечеги кең болуп, бир бирин кыйбаган, таштабаган, эл керегине жараган азамат жигиттерден боло берсин! - Эмил тост айтып туруп алып жиберди.

- Айтканыңар келсин, балам. Ээрчишкен эр азамат болушсун, айткан жакшы ой-тилегиңер ылайым ушул наристелерге кабыл болсун! - Мактым аяш эне коштоп отурду.

Андан кийин ырдап-бийлеп көпкө отурдук. Кете турган болгондо биздин алдыбызга кийиттерди коюп, уулубузга бир сыйра кийгизди да, узатаар аяк куйду. Далбактап Абдыш да сүйүнүп алган, Элмирди ала коюп өөп, Нүкү менен кол кармаштырып, анан машинага отурду. Бир машина, бир К-700 трактор менен келгенбиз. Ээрчише жөнөмөк болуп коштошуп жатканда Шайымкул аяш ата бир койдун буту-колун бууп, машинага салды.

- Бул биздин балабыздын костюм-шымы, капа болбой аман-эсен жетип алгыла!

- Жакшы туруңуздар, аяш ата, аяш апа. Мурун деле аяш ата, аяш апа элеңер, эми андан да жакындап калдык.

Мен Мактым аяш апа менен өбүшүп, Шайымкул аяш ата менен кол алыша коштоштум. Эмил менен Акбари биз менен чогуу жөнөдү. Анткени алар Өзгөрүштө жашашчу.

Таң агарганда үйгө келдик. Кайрадан Эмилдер менен чогуу отуруп ичип, Абдыш анан жумушка кетти. Ошол кезде ар дайым топоздун баш-шыйрагын алып келип куйкалап холодец кылып койчубуз. Чоң кастрюлдагы холодецтен аяштарым келсе аябай алдына коюп, күндө болбосо да эки-үч күндө бир жолу бизде майрам болуп тураар эле.

Кеч күздө дудук кайниме аял алып бермек болуп калдык. Ал тили сүйлөгөн, татынакай эле келин болмок, бирок кийин өзүнө өзү кылып кетип калды. Ал мындай болду. Абдыш экөөбүз аны өйдөңкү үйгө алып барбай өз үйүбүзгө алып келдик, апасы менен агасын тостук. Урмат сүйлөй албаса да акылы жетик эле. Биз кеңешип, беш жаштагы Айдар менен келинге той бермек болдук. Ошол кезде тойлор өзгөчө болуп, ар бир тойдо улак таштамай күчөп калган. Ноопаз союп той берип калдык. Дарбазаны ачып койдук. Таң эрте Эмилдин улагы келди. Андан кийин Жаныбектин, Сапар жездемдин, койчу деги, улак деген ашкана тамга үйүлүп кетти. Казан кармаган келиндер каткырып күлүп улам бир улакты кайнисинин же аяшынын алдына таштап аракка жумшап өзүнчө эле той көркүнө чыгып жатты. Ошол тойдо өз атам келбеди, эс-дартым ошондо, бирок мендей кызынын бары эсинен чыгып кеткендей карааны көрүнбөдү. Кийит, мал, торпок баш болуп кудайга шүгүр түштү. Ошондо да кайненем экөөбүз өз катташыбызды өзүбүз тостук. Андан бир топ жаңжал чыкты, бирок "үндөбөгөн үйдөй балээден кутулуптур" деп унчукпай кайнежем Алиман экөөнү коноктоп, кийит кийгизип, өз үйүнө узатып койдук.

Андан кийин биздин алдыбызда бир милдет - аяш балабызды үйгө чакыруу максатыбыз бар эле. Бир кой багып калдык, декабрь айында аларды чакырып коноктоп жаш ата-энеси менен таанышып отурдук. Алар абдан жакшы келишкен экен. Дасторконду кең жайып аяштарыбыз эт бышырып аялдары конок тосушуп бака-шака түшүп жаттык.

- Кана эмесе, аяштар, уулдарыбыздын келечеги, бактысы үчүн алып койолу. Ылайым өмүрү узун болсун! - Абдыш Ыкын менен Апизаны карады.

- Айтканыңар келсин, сөзүңөргө кошулабыз, ушу уулдарыбыздын урмат-сыйын көрүп, биз дагы сыймыктанчу күнгө жетели! - Апиза жаркылдай коштоп койду.

- Кана алып койгула, аяштар! - Мен бир жагынан чыктым.

Улам биздин аяштарыбыз аларга кыстап ичирип отурду. Шайымкул ата менен Мактым апа дагы биз менен бакылдашып атты:

- Балдарым, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган балдардан болсун, өзүңөр ушул балдардын урмат-сыйын көргүлө, ата-энеси, тууган-уругу менен аман болсун, - Шайымкул аяш ата бакылдап айтты.

- Ооба, айланайындар, ылайым кем болбосун, ата-энесин сыйлаган эр азаматтардан болуп, өмүрлүү болушсун! - Мактым аяш апабыз кичине кызый түшкөн экен, сөз бербей жетине албай атканы көрүнүп турду. Бака-шака түшүп ырдап отуруп узатаар мезгил келгенде кийит кийгизип:

- Келип-кетип туруңуздар, эми биздин үй сиздердики, сиздики биздики дегендей, балдарды бири-биринен алыстатпай, жат кылбай сыйлашып, катыштырып туралы, - дедим мен.

- Мингендери күлүк ат болсун, жүргөн жери күлкү менен шат болсун, иштери илгерилеп, баштарына бакыт кушу бат консун, оомийин! - Шайымкул ата алакан жая бата берди.

Баарыбыз жабыла сыртка чыктык. Абдыш эшикке чыкканда өзү короо жактан атайын даярдап койгон тайды жетелеп келип, Элмирди анын үстүнө ырымы кылып кондурду да:

- Досуңдун мингизгени, уулум. Арышың арбып, жоргодой жортуп, эл оозуна алынган жигиттерден болгула! - деди эле, тургандар:

- Оо, азамат, Абдыш!

- Мына, уулуна жорго болчу малды тааптыр! Тилегиңер ишке ашсын, жаша Абдыш! - деп ого бетер күчөп күрү-күү болушту.

Андан кийин Абдыш өзү тайды машинасына салып, аларды жеткизмек болду. Узатаар аякты куюп, закусканы ала жүгүрүп жүрөбүз. Апиза көп ичпеди, ооруп жүргөн экен. Ошентип машинага салып, таңга маал Абдыш жеткирип кетти.

Келинибиз мындайды көрбөгөнбү, же өзү жактырбадыбы, жатып алыптыр. Ызаат-сыйды, кадыр-баркты да сый көргөн билет, жашоосунда бирөөдөн сый көрбөсө, же конок күтүп көрбөсө келген жерине деле чоочун болуп туруп алат экен. Атасы жок, энеси бар кыз эле, апасынын тилин укпай көрүнгөн жерде жүргөнүнөн сүйлөбөгөн немени "эптеп эр кылып жашап кет, төрөп түшүп алсаң билинбей калат" деп жакшы эле какшадым, бирок "көп баскан аяк бок басат" дегендей, айтканга көнбөй каалаган күнү басып кетээрин кайдан билдик. Курсагы ток, дурусураак жоолук болсо же көйнөк болсо берип коюп жүрө бердим.

- Атаңдар күндө эле конокто жүрө береби? - дептир улуу кызыма бир күнү.

- Ооба, дайым конокко барышат, конок тосушат, - эч нерсе оюнда жок он төрт жаштагы кыз ага өз оюн айтат. Дегеле ошол жылдары биринин артынан бири аш-тойлор көбөйүп кетти. Токсон үчүнчү жылы кичүү уулубуз чарчап калгандан кийин бизди бажалар отурушуна чакырып калды. Аталаш эжем келин алган, келин тойго жөнөдүк. Абдыш малдар күзгү туут болгондуктан үйдө калды, анын үстүнө эки кыз да тумоолоп жаткан…

Токсон үчүнчү жылдын 17-декабрында Кызыл-Ураан айылында келин тойго келип, эртеси эжемдин туулган күнүн куттуктап бир туугандар чогулдук. Түшкө жакын атамдын айылынан жоон топ атчан сүйүнчү айтып келип калышты. Ошондо кубанганыбыздан буураканды көздөй аттарга учкашып-чиркешип жөнөп калдык. Сиңдилерим менен күйөө балдар баарыбыз кызуу боюнча "Эламанды" созуп үйгө түштүк. Биз барганда арнап койгон коюн союп, эти бышып калыптыр. Дагы бир казанда улактын эти кайнап жатат. Атамдын кийинки аялы уул төрөп, ошонун урматына тойлоп жаттык, жеңелерибиз бизди тамашалап:

- Атказыктуу болдуңар, жуубайсыңарбы кыздар? - дешкенинен биз аларга жууп, алар бизди инилүү болгонубуз менен куттуктап жатышты.

- Акбердинин өмүрү узун болсун, ылайым боосу бекем болсун!

- Айтканыңар келсин! - деп бири-бирибизди куттуктап койдун эти желгенден кийин сүйүнчүгө барган улакчыларды коноктомок болуп Дүйшөндүкүнө тосмок болдук. Ал союшун чыгарып, калганыбыз бир жашик арак алып дуулдап отурганыбызда таңкы саат үчтөр чамасында Качкынбай акем келип бизге суук кабар угузду. Көрсө инибиз чарчап калыптыр. Кайрадан ыйлап үйгө бардык. Баарыбыз атамды кучактап ыйлап жаттык. Ал күнү наристени жерге берип, эртеси өз үйүмө жөнөдүм. Айта кетчү нерсе, мен инилүү болгонумду, ошондуктан кечигип жатканымды Рысбек деген күйөө балам аркылуу атайын айттырып ийгем. "Жакшы болуптур, болсун. Азыр баралбайм" деген экен. Кийин бала чарчап калганын да айттырып жиберген элем..

Ошентип үйгө кечкурун кирип барсам кызуу экен. Босогодогу күл чыгарган калак менен коюп калды эле, каалганы жаап ийип сыртка чыга качтым. Ызаланып ыйлап сыртта көпкө турдум. Улуу кызым Айдана сыртка чыгып:

- Сизди кетип калсын дейт атам, - деди кабагын бүркөй.

- Ага мен эмне кылдым? "Чогуу баралы, болбосо сен барып кел" десем болбой койбоду беле?

- Билбейм, - деди бала неме. Мен үндөбөй дарбазадан чыгып, классташым Арзыгүлдүн үйүнө бардым. Ызадан буулугуп, өзүмдөн өзүм аны көрөөрүм менен болгонун болгондой кылып айтып бердим. Ал мени үйүнө киргизип:

- Жинди болгон экен. Эртеменен экөөбүз барабыз, бүгүн биерге эле түнөп ал. Ал эмне, кыйын болуп кетиптирби? - деди жылуу үйгө кирип отуруп жаткан мени.

- Кайдан билем, дос. Өзүмдүн жамандыгым го ушул, он сегиз жыл бою үйдөн чыкпай малын багып, бала төрөп аны багып эч жакка чыкпай эрки менен болгонго ушуну кылып аткандыр да. Ойнош ойноп кетпесем, бейчеки басып жүрбөсөм…

- Ошол жерге кирсин. Акылы жок да, үйүн үй, жайын жай кылып отурсаң, шүмшүктүн кылганын кара, - деп Арзыгүл заматта бир тоогун союп, бир бөтөлкөсүн алып келип көңүлүмдү көтөрүп отурду. Мага анын тамагы эмес, кыйын учурда көңүл көтөргөн жакшы сөзү керек эле. Экөөбүз бир оокумга чейин отуруп, дагы бир бөтөлкөнү түгөтүп, анан жакын төшөк салып жатып алдык. Күйөөсү Кудуң бизге тоскоол кылбай кардын тойгузуп, эбак эле жатып алган.

Эртеси экөөбүз барсак, Абдыш дагы киргизбей койду. Ызама чыдабай дагы курбумдун үйүнө келдим. Түшкө жакын Адиң акемдикине бардым. Аерге бир түнөп алып, Токтогулга жетип алдым. Жанымда балдардын пособиесинен арткан эки жүз элүү сом бар. Таежемдикине, кайнежемдикине, тааныштарымдыкына бир-эки күндөн жатып, ар кайсы шылтоону айтам да, эртең менен чыгып кетип столовойго кирип тамак менен бир бөтөлкөнү жалгыз ичип алып басып жүрө берем. Анан кечиндеси кезектеги таанышымдыкына конокко барам. Туура сегиз күн болгондо жанымда элүү сом калыптыр. Бир түрмөк жипти он беш сомго алдым да, Буураканга кетип калдым. Отуз биринчи декабрь болчу. Жаңыжыл менен кошо шеттик болуп, атам куйкалап кой союп калды. Бермет эже келген экен. Ал мени көрүп:

- Кандай айланайын, бала-чакаң чоңоюп жатабы? - деп калды.

- Жакшы эже, кудайга шүгүр, чоңоюп калышты.

- Ошентсин, өзүң жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы эле жүрөм, эже. Өзүңүз кандайсыз?

- Кудайга шүгүр, эптеп жүрөбүз. Уул-кыздардын баары үй-жай күтүп кетишкен, кичүү келиним колумда.

- Иши кылып жакшы жүрсөңүз болду, - деп көпкө сүйлөшүп отурдук.

Мен "атам" деп жазып жатканым менен, өзүнө "ата" деп кайрылууга картайып баратсам да оозум барбайт. Бөлөк өскөндүн жаман жери, өз ата-энеңден жат болуп калуусу кыйын экен. Ошентип ал жерде жүргөнүм менен бөтөн жерде жүргөнсүп, өзүмдү эркин алып жүрө албай кысынып жаман болуп аттым.

Келгениме он күндөй болуп калганда улуу кызым, андан кийин кичүү кызым келип калды. Окууга барганына бутунда жок экен экөөнүн тең. Ошончо мал туруп, Абдыш балдарга кийим алып берүүдөн зыкымданса керек. Аңгыча орозо айы бүтүп, айт болуп калды. Абдыш бир күнү эки баланы алып келип түшүрүп коюп кетип, кечинде кайра келди. Алып кетем дегенинен:

- Мен токтоло элек жаш бала эмесмин, кыркка чыгайын деп калган аялмын. Атамдын төрүндө отурам, колдо жок эмес, алдыма түшүп, анан алып кет, - дедим эле:

- Мейли, - деп кеткен.

Ал үчүн бир койду жокко саноо оор болду окшойт, келбеди. Ичтен сызып тим болдум. Кантсе да пас жерден чыккан адамды көтөрмөлөсөң да болбойт экен. Эчен жыл козу алып келсе кой кылып, улак алып келсе эчки кылып, бирин экиге улап, жалгыздыгын сыйлап, сөгүп койсо кайыр айтып урушпай чыгып кетип, "жини таркасын" деп малды карап, көптө барып үйгө кирип, күндүзү күң, түндөсү аял, балдарына эне болгонумду ал өзүнүн кыйындыгы деп сезсе керек. Адамдык касиетинин пастыгы менин жүрөгүмдү эчен жолу оорутса да, балдарым үчүн жашап жатканымды түшүнбөдү.

Аңгыча Нооруз майрамы кирип келди. Бул майрамды күйөө балам Дүйшөн тозо турган болуп камынып, майрамдап жатканбыз. Бууракандагы ини-сиңдилерим, келиндерим менен чогуу отурсам Абдыш кирип келди. Дүйшөн менен Рысбек аны үйгө алып кирген экен.

- Оой кандайсыңар, майрамыңар менен! - Абдыш кирип эле отургандарга учурашып, төрдөн орун алды.

- Келиңиз жезде, майрамдап келип калыпсыз, - Нурлан аны утурлап кол бере учурашты. Бир аздан кийин элди, улуу-кичүүнү көзүнө илбей эле мени менен айтыша баштаганда эшикке ээрчитип чыгып:

- Бул жерде инилерим менен келиндерге уят кылбай азыр кете бер. Эки-үч күндөн кийин келсең кетем, балдар турганда кайда бармак элем, азыр бар! - деп кетирип жибердим.

- Мен келгенде даяр бол! - деди ал атка минип жатып.

Мен жөн гана башымды ийкеп кала бердим. Ак көңүлдүгү, ушунча жыл эч нерседен кемитпей караганы мен үчүн табылгыс. Бирок ошо кылган жакшылыгын болоор-болбос кыялы менен жууп, өзөктү өрттөгөн өкүнүчүмдү сезбегени мени санаага салды. Табышкер, бирди экиге улаган жакшы сапаты бар, бирок ошол көр дүйнө өмүрүңө жаз киргизип, өмүр бою жандап жүрөөр-жүрбөсүн түшүнбөгөндүгү ойлонтот. Алып келгенин чачып, тиги төркүнүмө, бул төркүнүмө деп жыра талашпаганым өз башыма жүк болду. Бир жумадан кийин атамдыкында жүрсөм Абдыш келип калды. Өзүм дагы келсе кете берейин деп камынып турган элем. Баары менен учурашып, үйгө кирди, мен дасторкон жайып чай сундум. Качкынбай акем менен атам, күйөө балам Мурат отурган.

- Абдыш, - Качкынбай акем аны карай сөз баштады, - Бизге Миргүлдүн күнөөсү кайсы, ошону айт. Бирде-экиде келип мынча жүрчү эмес эле, сени деле жакшы күйөө бала деп билчүбүз, кана айтчы, кандай күнөөсү бар?

- Жок-жок, аке, мен Миргүлдү күнөөлөй албайм. Анда күнөө жок, кечирип койуңуздар, менден кетти.

- Күнөөсү жок болсо, балдарыңар бой жеткенде эмнеге кутуруп жүрөсүң? Зээни кейип көңүлү калбаса менин кашыма келмек эмес. Бирде-экиде сенин көңүлүңдү калтырган терс иштери болсо ачык айт?! - Атам ана кабак бүркөй бурулду.

- Ата, кечирип койгула, мен Миргүлдү күнөөлөй албайм, менден күнөө кетти…

- Балдарыңар бойго жетип калганда тынч жашагыла эми. Уруш-талашты койгула, - Качкынбай акем ага акыл-насаатын айтып отурганда, Абдыш:

- Сенде күнөө жокпу? Айткым келсе айтып деле койом, - десе болобу.

Бир саамга атам дагы, Качкынбай акем менен Мурат да үнсүз отуруп, ортону тынчтык каптай түштү. Мен: "Бул жылаандын башын чыгарып эмне дегени турат, же адатынча ар кайсы калпты айтып уят кылганы жатабы?" деп тунжурай бир паска отурдум да: "Айтса айта берсин, бүгүн ушуну менен кете турган болоюн, же биротоло калайын" деген чечимге келип:

- Кана, котур ташыңды койнуңа сактабай айтчуңду айт, кандай күнөөм бар? Атама же энеме каттабай сенин балдарыңды багып, малыңды көбөйткөн күнөөмбү? - деп мен аны ызалуу карап жооп күтүп калдым.

- Туура, Миргүл туура айтат, айта турганыңды ачык айт! - Качкынбай акем анын оозун карап сөз күтүп калды.

- Балдардын айлыгын алып кетип калган, ал күнөө эмеспи? - дегенде баятан бери жер карап үнсүз отурган атам:

- Ок атаңдын оозун урайын арам десе, таяке-тайы жаман айбан, андан башка күнөөсүн айт, андан башка айыбыз айт! "Балдардын акчасын" деп.. Бала мунуку эмеспи, ал күнөө эмес! - деп сөгүнүп койо берди.

- Абдыш, сени жакшы жигит деп жүрсө майда адам экенсиң да. Ушуну айтпай койбойсуңбу? Андай күнөөлөгүң келсе бизге башка айып, көтөрө алгыс күнөөсү болсо ошону айт!

- Жок-жок, аке, башка күнөөсү жок. Көптөн бери чогулган балдардын акчасын алып кеткенге ачуум келген… - Абдыш тайсалдай отуруп калды.

- Өзүң бил, балам, бар деп да, кетпе деп дагы айталбайм, балдарың турат, өзүң чеч! - Атам этегин кагына эшикке чыгып кетти.

Качкынбай акем анын артынан туруп баратып:

- Эстүү кишинин кылаар иши башка, Абдыш. Эми менде сөз жок, өзүңөр билгиле, - деп ал дагы чыгып кетти. Мурат кичүү болгондуктан эч нерсе деген жок, алардын артынан чыкты. Биз үнсүз көпкө отурдук. Акыры: "Барса барайын да, байкап көрөйүн. Кажылдап зээнди кейитсе дагы көрө жатаармын" деген чечимге келип, кийим-кечебизди жыйнап жөнөдүк. Кеч күүгүмдө үйгө келдик. Жазгы суук, ала шалбырт болчу. Келип от жагып, анан үнсүз отурдук. Анан Абдыш эшикке чыгып, кайра кирди да:

- Азыр баарыңарды өрттөйм, өрттөп салам! Бириңердин керегиңер жок! - деп кыйкырганда балдар-кыздарым ыйлап чурулдап ийишти. Мен аны токтоо карадым:

- Абдыш, балдарда эмне күнөө? Андай эле өлтүргүң келип атса мени өрттө, болбосо эсиңе кел! - дедим.

- Сен мени атаңа жаманатты кылып, мени кемсинтип!.. Андан көрө баарыңды жок кылам!

- Ата, ата дейм, эмнеге бизди алып келдиң? Апамды өзүң кубалабадың беле? - Айдана атасын кичүү кызым экөө кучактап ыйлап жатты.

- Кызым, тур тиги бөлмөгө баргыла. Мен азыр от жагам, анан атаң экөөбүз Кылычтын апасына куран окутуп келели, - деп балдарды ички үйгө киргиздим, - Жүрү азыр барып келели, эртең элден уялып бир топ күн эшикке чыга албайм, - Мен ага жакындай отуруп жумшак сүйлөдүм.

- Мейли, жүрү барса барып келели, - Ал жумшара ордунан туруп, экөөбүз ээрчише караңгы көчө менен аяшыбыздын үйүн көздөй жөнөдүк. Ал жерде бир топ аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, анан үйгө кайттык. Ачуу-ызабыз тарап, экөөбүз тең өткөндү унутууга аракеттене жашоого умтулуп калганда Кызыл-Ураандагы эжемдикине бажалардын отурушуна чакырып калышты. Мен баш тарттым. Жара кетип араң турган жашообуз кайрадан ыдырабасын деген ойдо болдум. Бирок Абдыш өзү болбой, экөөбүз тең бармак болдук. Биз барганда сиңдилерим күйөөлөрү менен келишип калыптыр. Мени көргөн сиңдим:

- Бекер кылыпсыз, ошол бойдон эле кутулганда болмок. Көнгөн адаты калмак беле? - деди эшикке чыгып сүйлөшүп атканда.

- Эмне кылайын, ушундан ажырашам деп жүрүп дегеле ажыраша албадым. Эми кыздарым бой жетип баратат, айла канча, өлгүчө жашоого, чыдоого туура келет.

- Ошентсе деле, балдар эмне өз күнүн өзү көрөт. Жаман эрдин барынан жогу, - Зина мага жан тартып, боору ооруй сүйлөп отурду. Мен ага ичимден ыраазы болуп турдум.

Абдыш ал жерде дагы ичкенден кийин Күрөшаалы күйөө балам менен айтыша кетти. Эптеп жайгарып, эртеси үйдөн чыкканда коңшулары мүрзөгө чейин улам бири бозосун, бири арагын алып келип бизди сыйлап узатып атышты. Алар менен акыры коштошуп, автобус күтүп жолдо туруп калдык. Ошол жерден Күрөшаалы ачуулана Зинаны ээрчитип жөө ылдый көздөй басып кетишти. Андан кийин Абдыш:

- Миргүл, балдарды жакшы кара, келемби-келбеймби, мен арыз кетем да, ошондон ары өлөм! - деп калды. Ал өтө кызуу болчу.

- Жинди болдуңбу? Апаңа көрүнүп анан өл өлсөң даны, балаага калгыдай алым жок, - Мен аны токтотууга аракеттенип жатканда Дүйшөн:

- Ме жезде, өлгүң келсе буга эле буунуп өлө бер! - деп атынын жүгөнүн сунганда ал күлгөн болду:

- Бажа, мен муунуп өлбөйм. Эжеңерди карай бергиле, мен кетем! - деп ылдый жөнөгөндө аны кетирбей өйдө карай жетеледик. Анткени Күрөшаалынын артынан барып дагы уруша кетеби деп ойлоп турдук бир бирибиз оюбузда. Ал болбой эле жулуна бергендиктен акыры койо бердик. Бираз узаганда эле ылдый кетип жаткан машинага түшүп кетип калды. Ошол жерден ар кимибиз өз үйлөрүбүзгө бөлүнүп кеттик.

Кемеге тамда козу-улактардын өлүгү үйүлүп тоңуп турган. Үйгө от жагылып, алар жибий баштаганынан улам терилерин сыйрып, көрпөлөрүн алып туздап, эттерин көмдүм. Тай торпогубуз ооруганбы, айтор өлгөнү калыптыр, ага жылуу суу менен чөптүн бүрүнөн салып, аздап жем берип карап жаттым. Абдыштын кеткенине үч күн болгон. Дайыны жок. Эмилдер Камбар-Атада турушчу эле, мен аны ошолордукуна кеткендир деп ойлодум…

Бир күнү эртеменен эрте дарбаза такылдаганынан чыксам, участковый туруптур. Саат тогузга бөлүмгө барышым керек экенин айтканда таң калдым да, ал кеткенден кийин балдарды тургузуп койуп, өзүм жетип бардым. Аерде Абдыштын классташы Мекен отуруптур.

- Келиңиз, - деди ал сылык-сыпаа.

- Келдим, чакырган экенсиңер?

- Чакырганбыз. Абдышты өлтүрүп, каерге көөмп салдыңар? - ал мага жылмая карады да, - Мына буну окуп чыгыңыз, - деп колума алакандай кагазды карматты.

Мен аны окусам мындай деп жазылыптыр:

"Балам менен келиним ажырашып жүргөн, жакында табышып, бажалар отурушуна кетип, ошо бойдон келген жок. Келиним өзү эле келди, өчөшкөн күйөө балдары аны каерге өлтүрүп койду ким билет, таптырып бергиле".

Кайненем бирөөгө жаздырып таштап койуптур.

- Абдыш тооп эмес, адам го. Кызыл-Ураан деген уюткулуу улуу журт, ит өлсө да билинип калат. Ошончолук эле менин күйөө балдарым жандан кечкен мыкаачы бекен?

- Кайдан билем, кечээ арызды көтөрүп ыйлап келген.

- Кызык, он сегиз жылдан бери ушулардын ысык-суугуна, азап-тозогуна, ачуу-таттуусуна чыдап жүрүп, үч күндүн ичинде душман болуп чыга калыптырмынбы?

- Аныңарды билбейт экемин, ошол күйөө балаңардын, сиңдилериңиздин дарегин бергиле, чакыртабыз.

- Эч кандай Абдыш өлгөн-эткен эмес, дарегин да бералбайм. Камайсыңарбы, мени камагыла!

- Жо-ок, андай болбойт. Арыздагы көрсөтүлгөндөрдү текшерүү биздин милдетибиз. Эгер айтып бербесеңер сизди камап койом. Кодойгон байкушту чындап эле бир жерге бүктөп тыгып койгондурсуңар?! - деди ал мени жылмая карап. Анын мени шакабалап жатканын сезе коюп:

- Камап көргүлө. Чычкан өлтүрбөгөн адамды камап коюп эмне тапмаксыңар? Эгер ал тирүү болсо, арыз ээси да, күнөөсүз күнөө такканыңар үчүн силер да жооп бересиңер!

Мен чындап эле камап койо тургансып каалгасын ача сыртка чыктым да, кетип калдым. Ал унчукпай кала берди. Аерден чыгып алып: "Чын эле ошол кеткен бойдон өлүп калса күнөөлүү болобузбу? Эми эмне кылам? Менден баласын бир ооз сурабай туруп арыз жазып койгонун" деп кайненеме жиним келе ойлуу чыгып үйдү көздөй жөнөп, санаам санга бөлүнүп, үйгө келгенден кийин дагы кыжаалат болуп, акыры Камбар-Атага барып келмек болдум. Колумда тыйыным жок, кашкулактын алты териси менен эки түлкүнү алып жолго чыктым. Аялдамага келип автобус күтүп турсам Алик деген классташым мени көрүп басып келди. Ал Абдышты жакшы таанычу, анткени совхоздо бухгалтер болуп иштечү.

- Миргүл, сен жок жоготуп жүргөнсүң го? - Ал мени тамашалай күлүп калды.

- Мал жоготсоң эчтеке эмес экен, адам жоготкон жаман турбайбы, - деп мен да күлдүм.

- Ой классташ, эч кабатыр болбо, Абдыш келет. Мен аны көргөм, сен аны катуу таарынтып коюпсуң да, таарынычы тараганда келет өзү эле.

- Ал каякта жүрөт? Чын эле аман бекен? - Мен аны үмүттөнө карадым.

- Коркпой эле кой, эки күн мурун жолуккам. Тирүү эле, сага таарынып жүрөт.

- Мен ал үчүн милицияга сурак берип чыктым. Андан көрө өзүң Мекенге кирип, көргөнүңдү айтып койчу.

- Кантип? Камабайт деле, эмнеге антип атат? - Ал кызыга сурады.

- Эмеле каматып салам дегенинен чыгып кеттим, - Мен ага болгонун болгондой айтып бердим, - Эч болбосо бир кагазга көргөнүңдү жазып берип койчу. Мен убара болбой үйүмө кете берейин, - дегенимде башын чайкай күлдү да, кагаз таппай он тыйындык кагаздын четине жазып өз атын, фамилиясын кошуп кол койду. Анан мага берип, өзү келип калган автобуска шашып түшүп кетти.

- Үйүңө бара бер, бүгүн аны жөнөтүп жиберем! - деди ал автобус жүрүп баратканда.

Мен бөлүмгө бардым да:

- Кылмышкерди тапкан экенсиңер! Мына Абдыштын тирүү экенин көргөн киши бар экен! - дедим да, тыйынды алдына таштап коюп чыгып кеттим. Ал тыйынды тегерете четине жазылган жазууну окуп кала берди.

Баары бир жүрөгүм түпөйүл тартып үйгө келсем торпогум өлгөнү калыптыр, аны мууздатып сойдуруп коюп, балдардын кардын тойгузуп, анан кемеге тамдагы үйүлгөн козу-улактын калгандарынын терилерин сыйрып туз сээп коюп үйгө кирдим. Айдана кечки тамакты жасап жаткан, мен мешке көмүрдөн салып коюп кыңкая телевизор көрүп жаттым. Бирок оюм онго, санаам санга бөлүнүп, кыжаалат ойдон арыла албай аттым. Аңгыча кеч кирип, сырт караңгы болуп калды: "Алик чын айттыбы, же көргөнү калппы? Эгер ал чын эле өлүп калса баарын күнөөлөйбү милийса, же мени эле күнөөлөсө бир жөн…" деп тунжурай отурсам эшикке чыгып кеткен жетидеги балам:

- Апа-аа, атам келди-ии, атам келди! - деп үйгө жүгүрүп киргенинен ордумдан ыргып туруп чыга калсам веранданын каалгасына сүйөнүп алып ыргалып турган экен. Үндөбөй үйгө киргизип жаткырып койдум да, эртең менен ал туруп атканда жай түшүндүрүүгө аракет жасадым:

- Абдыш, сен экөөбүз эми жаш эмеспиз да. Сени "өлтүрүп койду бажалары" деп апам участковыйга арыз жазып бериптир. Азыр сен биринчи Мекенге жолук, андан кийин апаңа көрүн, ошондон кийин кайда кетсең айда кет, мен сенин азабыңды тарта албайм!

- Мейли мен кетем, биротоло кетем, малды бөлүшөбүз, - деди дароо эле.

- Жакшы болот, урушпай-талашпай эле ажырашалы. Малыңды кааласаң бүт алып кет. Сен тапкансың, мен баккам, кааласаң ташта, каалабасаң өзүң бил! - дедим.

- Тең бөлөбүз. Балдар сенде калат, Нүкүнү мен алып кетем, анын энчисин өзүнчө алам!

- Каалаганыңды жаса. Жакшы эркек камчысын сүйрөп кара башы чыгат, сен анте албасыңды жакшы билем.

- Мага деле жашоо керек да, - Чай үстүндө калжаңдай күлүп калды. - Энеңдурайын Алик мага "Миргүлдүн төркүндөрү малыңды айтап, үйүңдү жүктөп кетип калды" дегенинен жетип келсе…

- Сенин малыңа кимдин күнү түшүптүр. Бол эми, адегенде участковыйга барып келип, анан кетсең кет!

- Азыр кетем, - деп ордунан туруп эшикке чыкты, бирок эч жакка барбай эле короо жакка кеткенин терезеден карап турдум. Бир аздан кийин жыйырмадай койду, ага кошуп козулуу койдон жетини, кызыр калган уй менен бир бооз уйду короодон айдап чыкты. Алты жашар уулум томпоңдоп кой айдашып дарбазадан чыгып кетти. Сансыз ойлордун кучагында терезеде турган бойдон катып калдым: балдарынан дагы, үйбүлөсүнөн да малды артык көргөн күйөөмдүн адамдык сапатынын аздыгына жүрөгүм ооруп турду: "Аттиң, өзүм каалап, жүрөгүм сүйгөн адамыма кошулсам мүмкүн башкача болмок, бири-бирибизди аямакпыз. Сен сездиңби, 'Т', балким сен өзүң сүйгөнгө баш кошуп бактылуу өмүр сүрүп жаткандырсың. Ылайым эле ошондой болсун. Кээ-кээде мендей бир жандын жандүйнөсүн эзген санаага салып жүрөгүнөн орун алганыңды, ошол адам сен деп жашап жатканын сезээр бекенсиң. Кайдан, бир кездеги кичинекей кара кызды унутуп деле калгандырсың.." деп ойго сүңгүп кеткен экемин, бир коңшум сырттан:

- Ботом, Абдышка эмне болгон, "ажырашып бөлүнүп кетип атам" дейт да? - деп эле сүйлөнүп кирди.

- Ооба, эже, ал кетти. Жашообуз болбой калды…

- Капырай, же бир урушуп-талашканыңарды көргөн эмес элек.. Жылкы теппей, жылаан чакпай эмне болуп кеттиңер?

- Эч нерсе, болгону ажыраштык. Ушундай болуш керек болчу башынан эле. Жакшы болду, жакшылыкча бүттү… - Мен аны карабай мисирейе сүйлөдүм.

- Балдар сенде калса, баарынан дагы мал бөлүп айдап кеткени кызык. Абдышты жакшы жигит дечү элем…

Ал көпкө отурду. Аркы-беркини, ажырашуулар жөнүндө көргөн-билгенин сөз кылды. Мен унчукпадым, мен он сегиз жыл ушул адамдын жалгыздыгын аяп жашап келгенимди, ал болоор-болбостон ушул кадамга барганына зээним кейип турду. Ал эми мени элге кеп-сөз кылгандан башка эмне муратка жетмек эле?

Ал кеткенден кийин балдарым менен өзүбүзчө жашап жаттык. Аңгыча жаздын көк жыттанган көркөм убактысы келип, көз жоосун алган кооз гүлдөр айлананы көрккө бөлөп, алма-өрүктөр бажырайта гүлүн ачып, жыты аңкый баштаганда малды сиңдимдикине айдап барып кошуп келдим. Музоолуу уйду сатып, соода жасоого өттүм. Бирок соодам жакшы жүрбөй, карызга кете берип, пайда түгүл өзү да жок болду. Сооданы дагы токтоттум. Кунаажын сатып кайрадан соода кылсамбы деген ойдо аны дагы саттым, тааныш келин менен Өзбекстанга барып товар алып келмей болуп жөнөдүм. Экөөбүз Өзбекстанга жетип, аялдамага түшкөндө Гуля мага минтти:

- Миргүл, сен жарым саат ушул жерден жылбай туруп тур, мен таанышымды ээрчитип келейин, базарга барбай үйүнөн алып кетебиз.

- Макул, тезирээк келип кал, талаада калбайын.

- Бат эле келем, эч жакка жылба, абдан жакшы кишилер.

- Болуптур, көрөбүз да, - Мен аны узатып кала бердим.

Эки жакты карап туруп калдым. Өзбекстанды көргөнүм ушу, мектепти бүтүп күйөөгө тийгенден кийин бала багып, көртирлик деп жүрүп эч жакка чыккан эмес элем, кооз шаарды суктана карап айкы өзүздөгү чайкананы байкап кардымдын ачканын сездим: "Гуля келсин, товарды таап алып деле бирдеме ичээрбиз" деп ойлоп турганымда жаныма машина токтоп, ичинен эки курсагы салаңдаган, кинодон көргөн басмачыларга окшош сакалчан, топуларды төбөсүнө кийген адамдар менен кошо Гулянын түшүп келатканын көрүп эле: "Мен булар менен барбайм, андан көрө кайра Карасууга кете берем" деп чечип койдум, анткени тигил адамдар мага жакпай турду. Жанымда миң сом бар эле.

- Миргүл, кеттик, абалар менен барып товарларын алабыз да, түндөп Каракөлгө жөнөп кетебиз. Абалар бизди нааразы кылбай арзан товар таап берет, - Гуля мага жетип-жетпей шакылдай кетти.

- Мен эч жакка барбайм, кайра эле Каракөлгө кетем, - дедим мен дароо эле, - мен сени күтүп эле турдум, бая эле кетмекмин!

- Эмне-е, айнып калдыңбы?

- Ооба, айнып калдым. Товарга деген акчамды бөлүп койсом түшүп калыптыр. Өзүм жоголо электе эптеп кетип калайын.

- Жинди болдуңбу? Мен уят болбодумбу эми, сага ишенип келсе, - Ал мени ары жетелеп акырын сүйлөдү, - Сен коркуп жатат окшойсуң, булар абдан жакшы кишилер, ишенимдүү клиенттер.

- Эмне кылайын. Акчам жок болсо жүрө бермек белем, акчам болбосо алар мага бермек беле?

- Акчасы жок эч нерсе бербейт. Ишенимге кирип иштешсек бермек да. Кызыксың го, эми эмне кылам? - Гуля айласы кетип туруп калганда тигилер биздин жаныбызга басып келди:

- Кизлар, нима болду энди, кеттик ма? - деп бириси экөөбүздү карады.

- Аба, бизди кечирип коюңуз, досум келатып акчасын алдырып жибериптир, жолуна эле калыптыр, - Гуля аларга жагалдана карады.

- Ичтеме болмайди, юриңлар, бомасам болдурамыз да, - бири ушинткенде ошо бетер коркуп калдым. Көз алдыма алар бизди өлтүрүп ыргытып жаткандары элестеп, эптеп эле алардан кутулуунун амалын табалбай калдым.

- Жо-ок, мен эч жакка барбайм, - деп көгөрүп туруп алдым.

Акыры Гуля мага шыбырай:

- Сен эч жакка кетпей туруп тур, мен барып бир аз товар алып келем, макул болсо сага да алып келем. Кийин алып келип берип койобуз, - деди да, машинага түшүп кетип калды.

Алардын машинасы көрүнбөй калганда аялдамада биразга туруп калдым. Арыта мени карап турган аксакал карыя мага жакындап басып келди да:

- Кызым, алигилер таанышыңбы? - деди.

Мындай карасам өзбектер менен аралашып жашап калган кыргызга окшоп кетти, ага жан тарта сүйлөшүп калдым:

- Жо-ок, аба, жанындагы келин жердешим. Мен акчамды жоготуп алдым, анын тааныштарынан кездеме алып кетмекпиз.

- Бай-бай, жаман иш болуптур. Жердешиңди билбейм, алиги адамдар жакшы адамдардан эмес, этиет бол. Алар сага дагы келишет. Кыскасы, сени оңой кетире койбойт.

- Эмне кылышым керек, аба? Биерде мейманкана барбы? - Мен коркконумдан аны жалдырай карадым.

- Мейманкана бар, кызым. Эрте жарыкта жайланышып албасаң бирин-экин кыргыздарды соо койбойт.

- Мейманканага такси менен жеткириңиз, мен төлөйүн, эртең кетип калам.

- Жүрү кызым, тезирээк жөнөйлү. Жанагылар кайрылып келгиче кетип калалы, - ал мага жан тартып турганына ичим жылый түштү, - Мен бул жерде ата-бабамдан бери өсүп чоңойгомун, кыскасы каным кыргыз, өзбектер менен тең атамын. Кыз берип, келин алгамын, - деди ал таксиде баратып.

Бат эле бийик кабаттуу мейманкананын алдына келип токтодук.

- Сизге ырахмат, аба, муну алып чай ичип койуңуз. Көбүрөөк болсо көп эле бермекмин, жоготуп алгамын, кетип кала турган акчам калды, - деп жыйырма сом сундум.

- Жок, кызым, тим кой. Талаада өзүңө керек болот. Тааныбаган жер ээн талаадан айрымасы жок. Жакшы эс алып, аман жетип ал! - деп ал киши басып кетти.

Мен "Мехмонхона" деген жазууну өйдө карап окудум да, кирип бардым. Кире беришиндеги кабылдамасында үч-төрт киши турган экен, кезегим келгенде паспортумду сундум.

- Өзиңгизма? - деди сулуучасынан келген улгайган аял.

- Ооба, жалгызмын, башка кишинин кереги жок, өзүмө орун керек.

- Бир кишилик жок, - деди ошондо тигил аял кыргызча таза сүйлөп, - Эки кишилик орун бош, экөөнө тең төлөп жата берсеңиз болот.

- Канча болот?

- Элүү миң сум, кыргыз пулуна отуз беш сом.

- Болуптур, - Мен арыдан бери отуз беш сомду бере салып бөлмөнүн ачкычын алганы жатсам артымда турган узун бойлуу өзбек:

- Сиңлим, чайлошамизми? - деп күлүп койот.

Жиним келип басып кеттим. Бөлмөгө кирип колумдагы пакетти дивандын үстүнө койдум да, чарчаганымды сезип кыңкая кеттим. Бөлмөнү ачып кирип, эшикти илгенди унутупмун, бир кезде жыла басып эле жанагы өзбек кирип келди. Ордуман тура калсам ал жылмая:

- Отура бериң, отурабериң, - деп мени эки карыдан ала кайра диванга отургузду да, өзү жаныма отурду, - эчедесиз?

- Анын эмне кереги бар сизге? Бар барып өз бөлмөңүзгө эс алыңыз! - Мен аны ачуулана карадым.

- Эч капа болмаң, гапляшип отурсак бомайдими?

- Сени менен сүйлөшө турган убактым жок, чарчадым, эс алышым керек!

- Экөөмиз эс алалы, мен люкс комната алгам, барни заказ кып койдум, юриң чойлашамиз.

- Барбайм дедим го, азыр чакырам… - десем оозумду акырын жаап, башын чайкап жылмайды:

- Мынака кымаң, сиңлим, көөнүм түшүп капты да, чойлашким келди энди.

- Мен чай ичпейм дедим го! Чык азыр! - Мен тура калып үнүмдү катуулата чыгара баштаганда ал колумду кармай калды:

- Хоп-хоп, чойлашмай койиң, битта дам алып отурайли.

- Мен сизге эмне деп атам, чыгып кетиңиз! - дегенимде ал да ордунан туруп:

- Юз миң сум береман, анан келейан, йок демаң, - дейт мага жалдырай.

- Эмне-ее? Сенин юз миңиңди эмне кылам мен? - Таңгала карадым.

- Нима? Сизге пулниң кераги йокма? Бомаса йана юз миң кошуп эки юз миң бераман, анан кеганга уруксаат бериң! - деп жалдырайт. Ошондо колуна кармаган сумдарды карап туруп ачуум менен аны түртүп жөнөдүм. Босогого келгенде болбой каалганы түртүп туруп, - Азыр кетаман, анан келем күтүп олиң, - деп сумдарын колума карматып чыгып кетмек болгондо акчаларды тутамдап туруп эшикти көздөй ыргыттым:

- Бул акчаларыңдын мага кереги жок, азыр жогол!

- Онака кымаң! - деп коридорго чачылган сумдарын жыйып жатканда эшикти ичинен илип алып каалганын алдынан ичте жайылган сумдарды түртүп чыгарып койдум. Бир топтон кийин кайра эшикти такылдатты эле, ачпай светти өчүрүп жатып алдым. Эртең мененки бойдон эч нерсе иче элекмин, крандан суу ичип алдым да, жатып уктай албай, көптө зорго уктап кетипмин.

Эртең менен эрте туруп, эл бараткан жолго түшүп автобуска түштүм да, Өзбекстандын бейшемби күнкү чоң базарын көздөй жөнөдүм. Тыгылган элдин арасынан чыга түштүм эле, түндөгү өзбек дагы ошол автобуста экен, мени көрүп башын чайкап жылмайып, таңдайын такылдатып койду. Мен тескери карап кеттим.

Базар жыл-жыйма экен. Эми-ии, өзбектердин кездемелерин көрүп оозум ачылды, биз анча жалтырак кездемелерге кызыкпайт эмеспизби. Ал жерден акча алмаштырып көрсөм алардын жүз миң суму биздин акчага жетимиш гана сом болот экен: "Сом алам, кыргыз пулин алам" деп тургандарды көрүп аябай таң калдым. 1993-жылы кыргыз сому алмашып күчтүү эле. Беш жүз сомго бир топ кездемелерди алып жолго түштүм.

Үйгө келсем үч күндүн ичинде балдар үйдү кулпулар коңшунукуна жатып алса Абдыш өзү телевизорду алып кетиптир. Эшиктин алдындагы отуздан ашык жетилип калган теректерди кыйып шашылыш ташып кетип, чырпыгын таштап койуптур. Бактын ичи тымтыракайы чыгып согуш болуп өткөндөй чачылыптыр. Ушул жолу дагы жүрөгүм ооруду. Балдары туруп үйдөгү буюмду уурдап, бирден сайып суу куюп өстүргөн теректерди кыйып кеткенине ыза болдум: "Ушуну аяп жашаган он сегиз жылым текке кеткен экен. Кайран өмүр, суу жетпеген дарактай же биротоло тамыр жайып тереңдей албай, же биротоло куурап калбай текке кеткен өмүрүмө өкүнүп жүрүп өтүүгө жаралган турбайымбы?" деп томсоро улутунуп алдым. Кичүү уулум Нүкү үч күндөн кийин эле кайра келген. Кайненемдин колунда ата-энеси өлүп калган үч кыз бар болчу. Алар менен батыша коймок беле.

Кездемени сатып, анын акчаларына арак дагы алып келип саттым. Канчалык далбастабайын, жолум болбоду. Акыры кой союп эт сатмак болдум. Таежем Тажини үйгө алып келип балдарга баш-көз кылып коюп, Камбар-Атага эт сатып келдим. Негедир бул жолу соодам дурус болду. "Жетим өз киндигин өзү кесет" дегендей, ушундай кыйын мезгилде же атам, же энем кабар алып койбоду. Адиң акем болсо ооруп, өзү төшөктө жаткан. Кандай ата-эне баласынын көзүнөн чаар чымын учуп турганда өбөк-жөлөк болбой койо алат? Мен ушунда биротоло үмүт үздүм, менин аларга кереги жок таштандыдай экенимди түшүндүм. Жүрөгүм сыздап, көзүмө жаш алып, өзүмө өзүм кайрат берип сооронуп, жашоого бел байладым. Балдардын айлыгына ун берип атканын угуп, почтага келип кезегим келгиче кеч кирип кетип, иңирде келсем балдарым:

- Апа, атама бардык биз, - дешти.

- Тайнем атама ээрчитип барды.

- Атам бизди кууп ийди, - дешип биринен сала бири жобурай баштады. Мен түшүнө бербей Айданадан сурасам кичүү кызым Сажира:

- Тайнем өзү бизди ээрчитип барган, атам болсо бизди кайра кетирип ийди, - деди.

- Тайнең эмне, силерге күйүп кетиптирби? - Мен ачуулана сурасам Айдана минтти:

- Ал сизди жамандады. "балдарды өзүң бак" десе, "керек болсо өлсө барып бата кылбайм" деп атам айтты.

- Ошол өзү өлүп кетсин! - дедим да, эжеме жиним келип отуруп калдым: "Бир жолу абалымды сурап коюуга жарабай, анан ага балдарды ээрчитип барганын.. Мен жок болсом ошону жакшы көрмөк беле?" дедим оюмда.

Негизи, Абдышты жакшы көрүшчү, анткени ал кышкысын жем-чөп, күзүндө буудай, жүгөрү түшүрүп берип турчу. Кимдин кадыры, ким үчүн ошентип түшүрүп берип жүргөнүн түшүнсө кана?

Камбар-Атага дагы бир барып келейин деп, бул жолу эки койду сойдуруп, этин таза мүшөккө жиликтебей сулп салып, башы-көзүн куйкалап асып койгом. Эртең менен эрте жөнөмөкмүн. Түш ооп калган, эшиктин алдында чылапчынга бутумду салып алып жууп жаткам. Дарбаза такылдаганынан карасам чоң адамдын төбөсү көрүндү.

- Ким? - деп үн салдым.

- Энеңдин… - деп ызырына сөгүп калды сырттагы үн.

- Кимсиң сен, эмнеге сөгүнүп атасың? - Мен туруп дарбазанын илгичин ача койсом, Каныбек деген күйөө бала деп койчу неме экен. Аны элдин баары "наркоман" дечү, - Ай Каныбек, сага эмне болду? - Мен аны кабак бүркөй карадым, - Даамымды таттың эле, мынчалык сага эмне кылдым?

- Энеңин… десе жалап, каякка жөнөп жатасың? Күйөөңдү чанып кыйынсыңбы? - Ал мени болбой эле кекете баштады.

- Каныбек, ал эмне дегениң, ыя? Мени "күйөөсүн чанды" деп ким айтты?

- Чанбасаң Абдыш менен жашабайт белең, аны кууп жиберипсиң го?

- Кой антпе, Каныбек, мен эр чангыдай куракта эмесмин. Кыздарым бой жеткенде чанмак белем? Даамымды сыздың эле, төрүмө чалкалап олтуруп ак койумдун этин жедиң эле… - деп андан коркуп, үрпөйө жагалданып-жайкап аттым.

- Былжырабай үнүңдү бас. Түндө мен бирөөлөр менен келем, тосуп ал! - деп эңкейип туруп айтты да, шарт аттын башын буруп кетти.

Мен эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Бул эрим Абдыштын мага карата койгон чабуулунун алгачкысы экен. Көрсө ал: "Аялым коркок, коркутуп койгула" дептир. Эчтеме таппай турган неме досторун чогултуп: "Катыны коркок болсо аны кууп ийип, кыздарына киребиз" деп сүйлөшүптүр. Этти коңшумдукуна алып барып коюп, бир убакка чейин алардын терезесинен карап отурдук. Бир кезде дарбаза ачылып үч-төрт караан кирди да, каалганы такылдатты. Чоң үйдүн эшиги замок болчу, аны ачкандан сестендиби, ашкананын эшигин качырата ачышты да, кирип кетишти. Мен балдарым менен коркуп, уктай албай отуруп чыктык. Эртең менен келсем асып койгон казандагы ичеги-карын менен башты түп көтөрө салып кетишиптир.

Ошентип, өз үйүмдө турууга болбой калды. Күндүзү үйдө тирилик кылып, түнкүсүн коңшумдукунда болуп жаттык. Күзгө таяп калганда өзүм барып ажырашуу үчүн азыр таштап келдим. Он күн өтпөй Абдыш мага ызырынып келиптир:

- Сен эмне кыйын болуп калдыңбы? Эминеге арыз бересиң?

- Ушинтип жүрө беребизби? Биротоло ажырашып тыналы.

- Ажырашып алып эмне кыласың? Же тийе турган эриң даярбы?

- Кызык экенсиң, эми мен эрге тийип эмне кылам? Балдарым менен мени эле бирөө алганы турат дейсиңби?

- Анда арызыңды ал, мен ажырашпайм!

- Ой сенин ажырашканың качан, биз эбак эле баарын чечип койбодук беле?

- Мен үйдөн кеткем, бирок ажырашпайм!

- Көп башты оорутканда эмне, бар ошол соттон жолугабыз, - Мен аны жактырбай кирип кеттим.

Үндөбөй кетип калды. Эртеси экөөбүз соттон жолуктук. Сот бир ай убакыт берди: "Табышасыңар. Табышкыла, болбосо бир айдан кийин ажыратып койобуз" деп жөнөтүп жиберишти. Экөөбүз жолдо урушуп келдик. Тигил-бул кылыктарын айтсам мойнуна албайт.

Тельмандан сиңдим Гүлмира жети-сегиз жашар уулу менен базарга мал алып келип калды. Аларды коноктоп, анан балдарды жаткырып, экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз, аңгыча эшикти бирөө катуу урганынан чыга калып:

- Ким? - дедим эле, сырттагы үн катуу да, өктөм да чыкты:

- Ач эшикти! Абдышты кетирип коюп өзүңдү өзүң билип жаткан экенсиң да?!

- Үйдө киши бар, сен кимсиң? Эртең деле келсең болмок жарыкта, - дегенимче үйгө баш багып эки кызымдын терезенин решеткасын алып жатканын көрдүм. Сиңдим андан бетер үрпөйүп алыптыр. Мен антип-минтип оюмду топтогуча "шарак" деп веранданын илгичи ачылып кетип, муунум калтырап туруп калдым. Колунда жалаңдаган бычак, илгич оңой менен ачылчу эмес, бычактын учу менен ачканына көзүм жетип, дел болуп аны карап турганымда:

- Ийи, Абдышты чанып өзүңдү өзүң билип калгансың го? - деп ал мени кекете сүйлөп жакындай бергенде Гүлмира чыга калып:

- Ай Шамка, сенсиңби? Экөөбүз классташ эмес белек, кайдан? - деп кошоматтана сурап калды, - Өзүң билесиң го, бул менин эжем. Кой эми, үйгө кирип чай-пай ич.

- Жок, кереги жок, баарың үйгө киргиле! - деп веранданын секисине отуруп, мага карады, - Отур, мен сени жебейм!

- Шамка, айланайын, менде эмне күнөө деги? Андан көрө үйгө кирип бирдеме ооз тий!

- Кереги жок! Азыр дагы бирдеке десең тооктой мууздап салам!

- Шамка, кой байым, эжең болом, апаңды да жакшы тааныйм…

- Тааныганың менин башымды да оорутпайт! Эмнеге чанып жүрөсүң күйөөңдү?

- Кайдан чанмак элем, эр чана турган курактан өткөм. Эми отуз алты жашымда кимге жагынмакмын? - Мен бүжүрөй анын колундагы бычакты улам карап, муунумдун калчылдаганынан бүткөн боюм титиреп жатты. Акыры үйдөгү сиңдимден дагы жазгандыбы, ордунан туруп:

- Эртең келем, ошондо сүйлөшөм. Милицияга, элге бир ооз айтсаң түндөп союп кетем, тирүү калам деп ойлобо! - деди да чыгып кетти.

Эшиктин алдында кабанаак сары итим аны көрүп шыйпаңдап үрбөгөнүнө таң калдым. Демейде үйгө адам киргизбей кишинин бою менен тең секирген иттин мунусуна жиним келди. Көрсө айбан деле андай адамдан корксо керек.

Эки кызым терезенин решеткасын чыгарып, терезени алып сыртка чыгышыптыр да, коңшулардын эшигин такылдатып жүрүптүр. Коңшуларыбыз Шамканын атын укканда даай албай коюшуптур.

Ал кеткенден кийин ойлонуп отуруп ишенген ишенген итиме да, илгичиме да кыйын болду: "Эми эмне кылам?" деген ой-санаа тынчымды алып туруп алды. Сиңдим да коркуп калыптыр: "Мындай болсо кантип чыдай аласың? Бир күнү болбосо бир күнү өлтүрүп кетсечи?" деп санааркап атты. Бирок адам баласы маңдайыңдан сылай турганың болбосо, кыйын күндө канатына калкалаарың жок болсо, абалыңды сурап кантесиң: "Кайда болсо мамайдын көрү" дегендей аргасыз баарына төш тосуп "тобокел" кылууга бел байлайсың да. Күн чыгып кайра батып адамга билинбегени менен, күн чыккандан батканга чейин ал бечараны не деген түйшүк, не деген ыза-кордук менен кошо маңдай жарылткан кубаныч, жүрөк толкундаткан ажайып мүнөттөр коштойт эмеспи. Тирүүлүктүн бир белгиси - өлбөгөн адам ар бир саатта жашоосуна кам көрүп, жашоого аракет кылат. Кечээги жүрөк титиреткен коркунуч түштөй сезилип, улам алга катам таштап, эртеңкиңден зор жакшылыктарды күтүп, убакыт өтө берет. Мен дагы ишенээрим болбогондон кийин балдарымдын келечеги, алдыдагы чоң үмүт-тилегим, максатым үчүн жашоого тырышып жаттым. Бир нерсе оюма кылт дей түшүп, "үйдү сатсам" деген жыйынтыкка келдим. Жол бою жагына "үй сатылат" деп жазып койдук. Эки-үч жумадан кийин бир киши келиптир:

- Карындашым, үйдү сатат экенсиң…

- Ооба, сатайын деген элем.

- Анда бир ай күтсөң колума акча тийет, мен алайын.

- Сатыла турган болгон соң ким сатып алат, баары бир эмеспи.

- Анда мындай, мен үйүңөрдү көрөйүн да, эртең көчүп келейин. Акчаңды алган күнү сен кете бересиң, сүйлөштүкпү? - Ал колун суна күлүп койду.

- Макул, кыскасы кечиктирбесеңер болду. Клиенттен да калып жүрбөйүн?

- Ой жо-ок, акча даяр, алып келген күнү эле санап берем.

- Мейли, көчүп келе бериңиз.

Ал кишини узатып коюп үйгө кирдим да, төркү эки бөлмөнү бошотуп, мүшөктөрдөгү ун менен буудайларды верандага чыгарып салдым. Кыскасы, келген үйбүлөгө даярдап тазалап күтүп калдым.

Эртеси алар көчүп келишти, мүшөк-мүшөк буюмдарды түшүрүп жатты: "Жууркан-төшөгүн мүшөккө салып келишкен тура" деп ойлоп киргизишип жаттым. Сотик деген чоңко болот экен, көп жылдар бою Жалал-Абадда жашап жакында эле келишиптир, алты баласы бар экен. Улуу кызы күйөөгө жаңы чыгыптыр. Анара болсо узун бойлуу, чоюлуп сүйлөгөн аял экен. Көзү ачыктык кылып, төлгө сала койгон өнөрү бар экенин айтты. Экөөбүз теңтуш экенбиз. Мамыры-жумуру болуп жашап калдык. Бейчеки алардын бөлмөсүнө кирбейм. Эшикке чыкканда гана кобурашып калабыз. Бирок мен алардын кыйналып жүргөнүн кийин сездим. Бир күнү капысынан үйүнө кире калсам чоң кастрюлга бирдеме бышырып жаткан экен.

- Отур, - деп калды Анара.

- Кой, мен сага төлгө салып бер деп айтайын дедим эле.

- Шашпа, курдаш, салып берем, - деп Анара сүзүлө күлүп калды.

Балдары кыдырата отурат. Бешөө, өзү менен алтоо. Тамагын кеселерге куюп ар биринин алдына коюп келип, мага да койду. Баягыны кашык менен аралаштырып көрсөм кебекти кайнатып ичине картошканы майдалап туурап кошуп коюптур. Дасторконунда сындырым наны жок.

- Апа, нан жейм, - Беш кыздын ичиндеги эң кичинекей баласы Анараны карап кабак чытый сурады.

- Нан жок, уулум, ошону ичип алчы.

- Качан болсо эле нан жок дей бересиңер. Эженин балдары нан көтөрүп жеп жүрөт го, силер болсо дайым жарма жасай бересиңер? - деп тултуюп калды.

- Нан бар үйдө, бир нан алып келе койойунчу, - Мен ордуман туруп барып нан көтөрүп келдим.

- Ушундай да акылсыз бала болосуңбу, ыя? Алгандан кийин бериш керек, унубуз калбай калып, жеп ийгени турушат, - Анара ыңгайсыздана уулун тилдеп калды.

- Бала да, кой эми тилдебей эле гой, нан жок болсо сурай койбойт белең?

- Ээ Миргүл, - Анара ийининен дем ала улутунуп алды. Тестиер кыздары аргасыз кара жармага көнүп калганбы, бири-бирин тиктеше коюп ортого сындырып койгон нанды көз кырлары менен карай коюп, жармасын шорулдата ичип жатышат. Анара аларды кыдырата карап, анан мага бурулду, - Алганды бериш керек, бере турган артыңда эчтекең болбосо кантип сурайсың?

- Силер балдарга пособия албайсыңарбы?

- Кайдан? Үмүтүбүз да жок. Ушундай кыйынчылыкта Кадыржан кайнагам алып келип коюп, балдарым ачкадан куурамай болду. Кээде ун сурап барсаң, бир аяк берет. Аны үнөмдөсө эки күнгө зорго жетет, деги эмнесин айтайын, - үшкүрүнүп алды.

Ичимден тынып калдым: "Булар өз курсагын тойгуза албай жатса, менин тамымды кайдан сатып алмак эле? Мейли, жок дегенде жашап турсун" деп ойлондум да:

- Анара, тиги четки каптагы ундан жууруп нан жасап бер балдарыңа. Кудайга шүгүр, өзүң көрүп турасың, мен бая күнү коробкасы менен кесме, эки кап ун, үч кап буудай алып келдим, жетпей баратса дагы көрөөрбүз, - дедим.

- Кудай берчү аял экенсиң, Миргүл, туугандары көчүрүп келип алганы менен же жашаганга үй жок, же жегенге эчтекебиз жок кыйналып кеттик. Жаш балдарга кыйын экен, - Анара ыйламсырап ийди.

Мен ордуман туруп барып бир чара ун бердим. Андан кийин да далай эле эчтекеси жок жашап жатканын көрдүм да, боорум ооруп жүрдүм. Сотик күндүзү үйүндө болбойт, кечинде көрүп калам. Күйөөгө чыккан кызы кээде келип нан, бир аз ун алып келип бергенин көрүп калам. Канткен менен жаңы келин болуп батына албай жүргөнүн сездим, жашы он алтыда экен, мынчалык эрте күйөөгө тийип алганына ичим ачышчу.

Күндөр кубалашкан көпөлөктөй көзгө илээшпей өтө берди. Бир күнү сиңдим Гүкү келип калды. Ал ооруп доктурга көрүнгөнү келиптир, мен бир семиз эчкимди союп калдым. Анараны чыгып жардамдашса деп ойлойм, эгер ал өзү кол кабыш кылбаса эки кызым эчтеке бердирбейт. Тилекке каршы караанын көрбөдүм. Башы-көзүн куйкалап, ичеги-карын менен жиликтен салып плитага от жактым, кыш түшүп калган. Быжы жасадык. Эми ошондон кир кесеге салып берейин десем кызым:

- Бүт эле берип коюңуз да, Сотикти балдары менен бара бериңиз, - деп болбойт.

- Эчтеке эмес, бир дубалдын артында бирөөлөр ачка отурса, бирөөлөр ток болсо кантип чыдайсың? Азыр көп эле үйбүлө ачка отурат, загара жеп жатат, - Мен болбой эле кичине кесеге салып берип келдим. Эртең менен оокат ысытып жеп отурсак Айдана менен Сажира каалганы ичинен бекитип:

- Эмеле соксоңдоп кирип келишет, анан "ме, же" деп апам аларга боор ооруп бере берет. Бир кап унду унчукпай жеп алышты, төлөйүн деген ойлору жок, - деп жарыша кеткенинен экөөнү тилдеп аттым:

- Ачка болуп көрсөңөр билет элеңер. "Ач кадырын ток билбейт" болбой жөн отургула. Колунда болбосо эмнесин берет? Мага кудай берет!

- Эжем ак көңүл да, азыр бир тууганың да карабайт колуңда болбосо, - Күкү аларга кошула кетти.

Кудайга шүгүр сары май, кант, вареньелерим бар, кыйналбай жашап жатканбыз. Ошол убакта Салтанат деген чоң кызы эшикти тыкылдатып калды. Алар мени аяш апа дешчү?

- Аяш апа!

- Азыр… - Мен эшиктин илгичин ачтым да, үйгө киргиздим, - Кел, келе гой. - Ал дасторкон четине отура калды, - Ал ала гой оокаттан.

- Ийи, - Ал тартынгандай табактагы кесмеден алганда мен эттен жылдырдым, - Аяш апа, - Ал мени күлүмсүрөй, болгондо да балалык байоолук менен, таза сезими менен кайрылды, - никонун курсагы ачты, бир-эки сындырым эле нан берип турасызбы?

- Ал алагой, азыр өзүң тоюп алчы, апаң үйдөбү?

- Ооба, үйдө эле…

- Чакырып койчу, тамак ичсин, - дедим да, аякка шорпосу менен майда эттерден кошуп куюп бердим, - Муну өзүңөр ичкиле, апаңды бери чакырып кой!

- Макул, - ал ордунан туруп атып кайра кайрылды да, - Аяш апа, сары майдан ооз тийбесе саргайып калат дечү беле? - деп мени карай күлүмсүрөй нандан алып, сары майдан илип, анан аякты көтөрүп чыгып кетти.

- Тим эле карасаң, "саргайып.." дегенин! Чоң энедей кыздары, - Айдана аны сүйбөй турганын билдирип мени карады, - Апасын, атасын да чакырып албайсызбы?

- Чакырса чакырып алам. Адамгерчиликти кайдан табабыз, балам? Боорукер бол, жамандык кылгыча бир адамга болсо да жакшылык кыл. Деги кимди тартып калганыңдарды билбейм, экинчи менин кылган ишиме киришпей жүргүлө! - Мен аларды урушуп койдум эле, унчукпай калышты.

Анара кирген жок, уялды окшойт. Ошол күнү балдардын баары эшикте жүргөндө бир жилик менен омурткалардан алып бир топ эт киргизип бердим да:

Тиги ундан алып кесме жасап алгыла! - деп чыгып кеттим.

- Кудай жалгасын, Миргүл, балдарыңдын урмат-сыйын көр! - Анара артымдан алкып калды.

Коңшуларымдын, тааныштарымдын бирдемелерин тигип берчүмүн. Жаныбектин кызы биринчи класска барып калган. Бүзейнеп кызына "куртка тигип бер" деп келиптир, аны тиккениме жүз элүү сом алдым. Ошентип кол акыма деле сары май, ун, сүзмө, эт келип турат. Болгону жандүйнөм ээнсиреп, кышта үшүк алган сары жалбырактай үшүп, бүрүшүп, күндүзү көртирлик менен алышып, түнкүсүн уйку качып, түбү жок санаа жүрөгүмдү эзип, убакыт өтүп жатты.

Декабрдын бир күнүндө Сотиктин үйүнө чоочун адам келиптир. Токтогулдан спирт алып келиптир. Мени Анара чакырганынан барсам картошканы майы жок сууга кайнатып, эки-үч сындырым нан менен спирттен суу кошуп ичип отурушкан экен. Баш ийкеше учураштым да, көрсөткөн ордуна отураарым менен Анара алдыма чыныга куюлган аракты койду:

- Миргүл, биздин аяшыбыз келип калыптыр. Спирт алып келген экен. Таанышып, анан муну жакшы сүйлөп алып кой! - деди.

- Мен иччү эмес элем, эми мен силерге дүйнөдө өзүмө каалаганды эле каалайм, жакшылык болсун! - ооз тийип кайра койдум.

- Койуңуз эми, бир аз алып койуңуз. Өзүңүз көрүп тургандай булар менен катышып турабыз. Көп жылдан бери теңтушпуз. Кудайдын буйругу менен сиздин даамыңызды татып, ирегелеш туруп калыптыр, болбосо мен сизди, сиз мени тааныбайбыз, туурабы? Алып койуңуз, - Шаршенбек мага кыя карап сүйлөп калды. Өзү токтоо мүнөз, аз сүйлөгөн адам экен.

- Алып кой эми, Миргүл, ушуну алып кой, башка куйбайбыз, - деп Сотик бир жактан чыкты.

- Мейли эми, экинчи куйбагыла. Адамдын гүл көңүлүн оорутпайын! - Мен ичип ийип оозумду басып отуруп калдым. Бираз отургандан кийин үйгө чыгып нан, сары май менен картошка алын келдим. Картошканы үшүк алат деп керебеттин алдына киргизип койгонбуз. Кыздарга байкатпай эптеп алып чыктым. Аны арыдан бери кууруп, ысык куурдак алдыга келди. Мен кетейин десем болбой коюшту. Ошентип түнү менен отуруп кызып калдым. Анара болсо эч нерсе билбей жатып калды. Шаршенбек улам эле:

- Эхээ дүнүйө бей бапа-аа! - деп калат. Ага күлүп калабыз. Биз үчөөбүз отурганда Анара эс алып калды окшойт, туруп эле мага шыбырады. Көрсө төшөк-жуурканы жок экен, коногуна бир төшөк менен жууркан сураганынан алып келип бердим. Үйгө келип балдарымдын жанына кыңкаярым менен уктап кетиптирмин, бирөө эле түрткүлөйт, көзүмдү ачсам Анара.

- Тур, башың ооруп жаткандыр, баш жазабыз.

- Кой, баш жазабыз деп кайра мас болуп калсакчы? - Мен уйкусуроо жооп бердим.

- Мас болбойбуз. Бас, тигилер эбак туруп алып ичип отуруптур, мен азыр туруп сага келдим.

- Азыр, сен бара бер! - Мен ал кеткенден бир аз жаттым да, эшикке чыгып бети-колумду жууп келип мешке көмүрдөн салып коюп, тигилердикине кирдим. Дасторконунда ыпым нан жок, менде да нан аз калган: "азыр жууруп салып алабыз" деп ойлоп, калган нанды көтөрүп бардым. Түшкө чейин отурдук:

- Оп-паа дүнүйө бейбапа-аа! - Шаршенбек дагы ушуну айтканда мен күлүп калдым.

- Деги сенин кебиң жакшы экен, бул дүнүйөнүн бей оопалыгын сен эле билесиңби? Ушундай күнү бар дүнүйөнүн бейпайлыгын эсиңден чыгарып эле койсоң боло.

- Ошону айтсаң, ырас эле жаттап аткандай кайталап атасың да: - Анара да күлүп калды.

- Бул ушундан башка сөз билбейт, - Сотик каткырып ийди, - эми экөөң бир жакшы сөз үйрөтпөсөңөр.

- Эмне, мен жаман сүйлөп атамбы? Дүнүйө ансыз да бейбапа да? - Шаршенбек моюн бербей компоюп койду. Мени кыздарым чакырып, чыгып кеттим.

Шаршенбек чыгып баратканда коштошуп кала бердим.

Ошондон он чакты күн өтпөй эле дарбаза таң атпай карс-курс этип ачылып-жабыла берди. Тургум келбей жата бердим: "Сотик жумушуна кетип жатабы, балким Салтанат менен Рахат сабакка кетип жаткандыр" деп ойлоп койом, бирок андай эмес экен. Кулак-мээни жеп дарбаза кайра-кайра карсылдап ачылып-жабылып жатканынан уйкум качып туруп эшикке чыктым. Көрсө Сотиктер айтпай эртелеп көчүп жатышыптыр. Мени көрө калган Анара ыңгайсыздана күлүп жаныма келди:

- Миргүл, кечирип кой. Сенин үйүңдү эмес, нан таппай калдык. Капа болбо, биз көчүп жатабыз. Тигил Айтынын үйүнө кетип атабыз.

- Мейли эми, өзүңөр билесиңер да. Бирок кечинде айтып койсоңор болмок, жок дегенде кичине ажыраш аяк кылып бербейт белем.

- Рахмат, Миргүл, сенин жасаган жакшылыктарыңды кантип кайтараарды билбей кетип атабыз, бир кап унуңду жедик, жок дегенде буудай берели деп колубузга тийбей калды…

- Эч нерсе эмес, мен колумдан келсе баарына жардам берсем дейм, бирок чама-чаркым жетпейт. Кечтим, курдаш, өзүңдү карыздармын деп эсептебе. Андан көрө жакын жерге барат экенсиңер, келип тургула!

- Ыраазыбыз сага, келип турабыз. Сен дагы кетсең жакшы жүр, үйүңдү кармап койдук.

- Буйруганы болор, сааты чыкпаса убактысынан мурун иш бүтпөйт.

- Жакшы тур!

- Жакшы баргыла, - Экөөбүз жакын адамдардай кучакташып коштоштук.

Анараны кетирип дарбазаны жаап үйгө кирдим. Отурган бөлмөнү жадагалса жыйнап же шыпырып коюшпаптыр. Ошондо адамдын өзүңө жасаган адамгерчилигинин жообунун деңгээлин сездим: "Кудая тобо, тим эле тили ширин балдай, жакшылыгыңды өмүрү унутпастай, а мунусу эмнеси? 'Кайырыңа чайыр' дегениби? Жайлоодон журт которгондо деле журтун тазалап кетет эмеспи" деп ойлоп, өз бөлмөмө кирип балдарды ойготуп мешти карасам бираз чок бар экен, көсөөлөп туруп кайра көмүр салдым эле бат эле түтөп чыкты. Миңкуштун көмүрүнүн ушунусу жакшы, кичине чогу болсо эле тутанып кетет.

Кыштын кычырап турган кези. Таяке деп койчу Абдыштын Сасыкул деген тууганы бар эле, биздин көчөдө турчу. Ошонун Алтынбек деген баласы аялын үйүнөн чыгарып коюптур, колунда бир жашка чыгалек кызы бар. Ал караңгыда келип калыптыр. Эшикте күн суук, үйгө киргиздим. Же Токтогулга кетээр жол каражаты жок. Биз менен туруп калды. Балдарым менен бөрүдөй эле оокат кылып жаттым. Розага акыл-насаат айтып, кызын кыздарым көтөрүп ойнотуп жүрүп калды. Он-он беш күн болгондо бирөөдөн он беш сом алып берип, үйүнө салып жибердим.

Аңгыча жаз кирип келди. Бир күнү үйдү алам деп кардар келиптир. Ага үйдү, огородду көрсөттүм да, сатып алмак болуп эртеси эле бир уй жетелеп келип калды. Үйдү саткандан кийин эки кызым менен кичүү уулумду сиңдилердикине таштап эки оорукчан баламды Жалал-Абаддагы интернатка алып жөнөдүм. Ал күнү жетип мейманканага жатып калдык. Таң атканда балдарды жетелеп алып интернатка келдим. Антпесем ушул кыйын жашоодо алар менен кыйнала турганмын. Аларды тапшырып коюп, кайра мейманканага келдим да диванга көмкөрөмдөн кулап, эчкирип ыйлап жаттым: "Кагылайындарым ай, колумдан келсе силерди мүнөткө таштабайт элем го! Кантейин, кечиргиле, кулундарым. Өмүрүм өтүп, жүрөгүм токтогуча элесиңер көзүмдөн, үнүңөр кулагымдан кетпейт. Атаңарга жетсин убалыңар, кыйын кезде таштап кеткен. Же ата-энемден жардам болсо таштабас элем го?!" деп ботодой боздой бердим.

Негизи, Абдыштын ажырашууга шылтоосу ошол эле болгон. Аны түшүнүп эле турам, бирок ичтен чыккан ийри жылаанды ким, кандай эне танат да, чанат? Жадагалса бака баласын "балбагым" дейт экен. Айрыкча улуу уулум мени кыйын жакшы көрчү, бир күн үйдө болбой калсам жоолугумду же киймимди жыттап жатчу. Айла канча, акыл-эстүү балдар менен жашоодо кыйналып, "чырактай алты саны аман балдарын таштап жатышпайбы" деп өзүмдү өзүм соороттум да, кечке маал бети-колумду жууп, шишип калган көздөрүмдү көрүп жүрөгүм зыркырап кетти…

Жалал-Абаддан кетким келбей үч күн туруп калдым. Балдарымды жетелеп кетким келет. Бирок өзүмдүн жашоом, үйдөгү үч балам мени аргасыз айылга тартып, автобуска түштүм да, балдарым көзүмдөн учуп келе жаттым. Келсем кашайып улуу кызым Айдананы Саргатада жүрсө Рапкоопко алып качып кетишиптир. Он алдыга чыгып-чыгалек кызымды ойлоп ичим ачышты. Сиңдилеримдин бирин ээрчитип барып келдим.

Эки балам менен Токтогулга келип, Өскөндүн бир бөлмө үйүнө кирдим. Өскөндүн экинчи аялы Тынаранын эки кыз, бир уулу бар экен. Аерде көпкө жашап, Тынаранын жанында кечке отуруп, кечинде барып жатып алабыз. Уулум Нүкү окуй турган болуп калган. Атасына барат, кайра келет. Мен болсо кээде Өскөндөрдүн чоң мешине нан бышырып, базарга сатып келип күн өткөрүп жаттым. Күндө убара тартып жашоонун оор машакаты менен алпурушуп жүрүп келгениме жарым жылдан ашып кетиптир. Бүгүн дагы отуздай нан бышырып Ала-Белге сатып үйгө келсем эшиктин алдында казанга эт бышырып, кирип-чыгып бирөөлөр жүрөт.

- Сажира, үйдө кимдер бар? - Мен сыртта ойноп турган кызымдан сурадым.

- Өскөн акенин атасы бар. Билбейм эмнеге экенин, кой союшту го?

- Кызык, менден уруксаатсыз бул эмне кылганы? - Мен? "баягы айтып жүргөн кулун алып келген го" деп ойлоп үйгө баш бактым. Анткени бир жолу Өскөн: "Биздин үйдө бойдок жигит бар, жакшы киши, мен сизди ошого алып берсемби дейм, үй-жайы бар" деген эле. Мен кирсем мен тааныгандан Ысмайыл (Өскөндүн атасы) менен тааныбаган эки-үчөө, калганы коңшуларым, анан Тынара жүрөт. Мени көрүп сүйлөп жаткан сөздөрүн токтотуп калды.

- Келиңиздер, - Мен аларга сыпайгерчилик менен жалпы учурашып, Ысмайыл акеге бурулдум, - Ысмайыл аке, бу коноктор кайдан? Күтпөгөн конокторго таң калып турам..

- Миргүл, эми жашырганда эмне, кел мындай отурчу, - Ал киши мага жанынан орун көрсөттү, - Өскөн сага айткан тура. Бул Каныбек, эки адамды кошуп койуу сооп, ажыраштыруу күнөө. Биз экөөңөрдү кошуп койолу деп келип калдык, - дегенде ал көрсөткөн Каныбекти бир көз жибере карап өттүм да, көңүлүмө: "Кул жумшаган немелер буга кошуп мени күң кылганы жаткан го?" деген ой кетти.

- Ысмайыл аке, Каныбек эмес сиз экинчи аялдыкка алсаңыз макул болмокмун. Убараланбай эле койсоңуз болмок, коюңардын этин алып бара бергиле, мен каршымын! - дедим.

- Эк кызым ай, болбой калды эми. Кой анда биз кетели. Каныбегим, түш алдыга! - Ысмайыл аке ордунан туруп эшикке жөнөгөндө беркилер дагы туруп жөнөштү. Тынарага карап:

- Тынара, казандагы этти чыгарып, кошо ала кеткиле! - дедим.

- Кой балам, аны тим кой, сендей келиндин эшигине той түшө берсин. Этти бала-чакаң менен жеп койгула! - Ысмайыл аке ушинткенде уялып кетип баарын кайра киргиздим дагы, этти таттырып, анан узаттым. Эчтекесине карабай эт жеп алып кетишти. Ошондон үч күн өткөндөн кийин Каныбек деген эмеси кечинде эшикти тыкылдатып келип калыптыр. Айдана күйөөсү менен үйдө болчу, ай-күнүнө жакындап калган. Өзүм чыгып Каныбекке жолуктум:

- Эмнеге келдиңиз?

- Келем да, менин эмгегимдин эсебинен кой союп катын алып берем деп коюп унчукпай кетип калышса.

- Калган этиңди алып чыгып берем, эчтекеси корой элек.

- Мага анын кереги эмне? Жайы-кышы эмгек кылып, анан акымды жедирип ийемби? Сен минеге мага тийбей койдуң? Ысмайылдын малын багып, жыргап жашай бермекпиз да?

- Сен жыргап жашап тур, а мен дегендин максаты бар аялмын. Күйөөгө тийейин деген ой да жок. Ичиң ачышса кой сатып берем!

- Кой сатып бербей эле кой, мен сени менен сүйлөшкөнү келдим.

- Мисалы, сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок. Эгер дагы бирдеме десең милиция чакырам!

- Чакыра бер, көрүнгөнгө жедиргидей талаада жаткан күч жок!

- Аны билем. Акырын сүйлө, кыз-күйөөм үйдө. Эгер күйөө балам билип калса, сени жөн эле сүйлөгүс кылат!

- Ким экен ал?

- Кой, акыйлашканда эмне, жакшы эле адам экенсиз, - Мен үйдөн алыстай Өскөндүн үйүнө барганга даярданып жолго жакындадым, - Эстүү киши эстүүдөй болот. Мен өзүмдү сизге тең эмес деп ойлоп жатам. Сизге жакшы аял керек, мен күйөөмдөн жаманымдан кеткем, жакшы аял эрден чыгабы?

Алаксытып коюп жолдон өттүм да, жүгүрүп жөнөдүм. Ал эмне болуп кеткенине түшүнө бербей селдейе туруп калып, анан артымдан чуркаганда мен бурулуп Өскөндүн үйүнө кирип кеттим. Тынарага келип түшүндүргүчө ал дагы келип калды. Мен төркү бөлмөсүнө кирип кеттим. Тынара аны босогосунан тосуп алды.

- Эй Каныбек аке, сизге эмне болду? Ушунуңуз уят эмеспи, сойгон койду атамдар беребиз дебеди беле?

- Ушунуңар жакшыбы анан? Мени чанган аялга көрсөтөм, мага тийгиси келбейт имиш!

- Эми бирөөнү кыстап аял кыла албайсыз да, туурабы? Анын үстүнө, - Тынара шыбырай сүйлөдү, - Бул аял жаман, сизге күн көрсөтпөй ажылдап турса кантесиз? Өскөн жинди да, билбей туруп эле айта берет. Барыңыз, эс алыңыз.

- Эч жакка кетпейм. Ушуга короткон коюмду өзүнөн төлөтүп алам! - деп ал үйгө кире берейин дегенде Тынара аны катуу урушуп кууп чыкты.

Анын кеткенин карап туруп, анан үйгө жөнөдүм. Андан кийин да үч-төрт жолу келди. Урушуп жатып келбес кылдым. Көнүмүш тиричилик менен алпурушуп убакыттын өткөнү деле билинбейт. Канымкан таежем келиптир, баласынын башына кайрак тийип ооруканага жаткырып өзү эле келген экен. Он эки, он үч жаштагы баласынын жанына жаткырбай койушуптур. Аны коноктоп сары жүрмөдөн беш бармак жасап жаңы эле алдыга койгонбуз. Кызым эшик такылдаганынан чыгып кайра кирди:

- Апа, жанагы алкаш киши жүз грамм бер дейт.

- Берип кой, акчасына бербегенде эмне кылат элең?

- Үйгө кирип ичип алайын деп атпайбы!

- Эмнеге, арак ичкендер эшиктен эле ичип кетет, биер ага кафе же ресторан беле?

- Билбейм… - деп жер карагыча ал киши баш багып калганда, мен ордуман тура калып:

- Сиз кандай немесиз? Мен арак сатам, баарын эле үйгө киргизе бермек белем, сизге кафе эмес! - Аны көкүрөктөн ары түртө сырткы бөлмөгө чыгардым.

- Койчу эми, үшүп атам. Ичке кирип ичип алайын, кайра эле кетем.

- Ичпесең кой, сатпайм арак, үйүмдө конок бар, бар үйүңө!

- Жо-ок, арак бер! Азыр ичем, мына акчасына бересиң да?

- Сажира, жүз грамм куюп келчи! - деп мен ички үйгө карап үн салганымда тиги киши дароо мени түртө үйгө кирип келди. Төрдө отурган таежем аны көрүп:

- Ой сен кайдан? - деп калды.

- Апей сенчи, сен каяктан?

Экөө тим эле эски тааныштай учурашып калганда мен эч нерсе дей албай калдым. Бул кара плащ менен кара шляпа кийип алып анда-мында ичип коюп жүргөн адамды кээде эле көрүп калчумун. Бет келип сүйлөшкөн эмеспиз. Чынында анын бир кезде мени улактай уйпалагысы келип тайжездем экөө бир үйгө алып барган алтын тиштүү жигит экенин ойлогон эмесмин. Тагдырдын тамашасын кара, тайжездем анда себепкер болсо, таежем кайрадан анын менин үйүмө кирүүсүнө себеп болгонун. Босогодо делдейе экөөнү карап туруп калыпмын.

- Сакен экөөң далай ойноп-күлдүңөр эле, бу келинди тааныйсыңбы? - деп калганда: "Бул эмне деп атат, кетирип ийбей?" деп жиним келе баштады, - Баягы Сакен экөөң кызы менен Жаңы-Жолго алып барган келин да!

- Кайсы, качан? - Ал мени көңүл бура карап калганда:

- Канча кыз-келиндер менен жүрсөңөр билбей каласыңар да. Өзүңө кыз таппай калганда аялдамадан бир келинди Сакен ээрчитип барды беле? - Канымкан ага күлүп атайын эсине салгысы келгендей айтты.

- Койчу, ошол келин ушубу?

- Сага мен калп айтып эмне кылам. Сакен экөөбүз муну тамашалап "алтын тиш сурабатат" деп калчубуз.

- Да-да-аа, ошондой де… - Ал мага бурула оңдонуп отурду, - Эгер ал келин ушул болсо, анда мен буга көргөзөм! Мени ошондо тоготпой койгон, - Күлүп койду, - Чынбы ыя?

- Башка сөздү коюп тамакка карагыла эми, тааныш экенсиңер, ысыгында алгыла! - Мен сөздү башкага бургум келип, шорподон куюп сундум. Тамактанып отуруп ага жүз грамм куюп бердим. Таежемдин көзүнчө акчасын алгандан уялдым да, дагы куюп алдына коюп:

- Бүгүнчө аяшыңыздын арты менен ичип алыңыз, мындан кийин бербейм! - Мен да тамашалай күлүп койдум.

- Арагың эмес, эми өзүңдү алам керек болсо, ошондо мени кабыл албай койгонсуң, - Канымкан таежеме карады, - Мен тигилерди жаткырып келгенче бул жатып алыптыр, кубалап чыккан!

- Туура кылган. Сакен экөөңөр көрүнгөн эле аялдардай көрүп алып бардыңар да, өзү ошондо жаш болсо.

- Ошондо мени менен сүйлөшүп койгондо алып калмакмын да, сүйлөшмөк тургай, кууп ийбедиби.

- Болду эми, бозоканадай жарылдабай. Ичээриңди ичтиңби, бар үйүңө, биз жатабыз, - Мен тамакка бата кылгандан кийин аны кетиргенче шаштым.

Канымкан көпкө аны менен сүйлөшүп ара-чолодо экөөлөп мени тамашалап коюп отуруп, жатаарга келгенде ал кетти. Аты Анарбек экен. Эртеси Канымкан ооруканага баласын көргөнү кетти. Мен жолго чыгып майда соодамды баштадым. Анарбек келип жүз грамм ичип жанымда туруп:

- Ачыгын айтайын, бойдокмун азыр. Экөөбүз баш кошуп алалы. Ошондо деле аялым менен ажырашып жүргөм. Көңүлүмө жагып, сени сүйлөшүп алып калмак болуп ойлоп жатсам сөз укпай койбодуңбу? - деп калды.

- Кой, мындай сөзүңдү балдарым укпасын. Мен эми күйөөгө тийбейм.

- Эмнеге тийбейсиң? Керек болсо өзүм алам. Тиги көчөдө иним жашайт, кечинде инимди аялы менен ээрчитип келем.

- Кызыксың го, мен эмне сага оюнчукмунбу? Мага азыр эч нерсенин, эч кимдин кереги жок! - Ачуулана кеттим, - Бар, мындан ары арак да сатпайм!

- Сен ушунчалык катуусуңбу? Көңүлүм түшкөн келинди башынан койо бербейм!

- Ким экенсиң сен мага! - Мен товарымды жыйып көтөрүп алып дегеле ушундан кутулайын деп үйгө кирип кеттим. Айдана айы-күнүнө жетип турган, ал чыгып соода кылып, кечинде үйгө киргиздим. Мени жок дедирип, үч-төрт күн жолукпай койдум. Бир күнү тогуздарда мас болуп эшиктин алдына келген экен, балам аны түртүп ийсе чалкасынан жыгылып кеткенде коркуп кеттим. Колунда эки-үч килдей эти ыргып кетти. Зорго туруп балама жалдырап атты:

- Жок дегенде мына бул этти алып койчу балам, атайын алып келдим эле.

- Этиңдин кереги жок, бар үйүңө алып кет! - деп кызым кыйкырып туруп эшикти ичинен илип алды.

Мен үндөбөй үйгө кирип боорум ооруган менен: "чала болду" деп койдум өзүмчө. Ошондон баштап ал эшиктин жанын койбоду. Эртеменен-кечинде келе берип тажатты. Айдана күйөөсү менен үйүнө кетип, Сажира Өскөндүн кызы менен ойноп жүргөн. Уулум атасына кетип үйдө жалгыз отургам. Эшикти илбей койгон экенмин, шар эле кирип келди.

- Кандай Миргүл, кудай жалгагыр, мени кубалабачы. Эгер сен макул десең ичпейм, экөөбүз шаарга кетип жашайбыз… - Ал кирип келип эле жобурап атты.

- Ичкен-ичпегениңдин кереги эмне мага? Ичпесең өзүң үчүн, мага тыйынча залалы да, пайдасы да жок. Тур, бар үйүңө!

- Отурчу эми, сүйлөшөлү жакшылап. Неге менден качып жатасың? Же мен ошончолук эле кишиге жалаңкыч көрүнөт бекемин? - Мени колдон ала ордума отургузуп, өзү жаныма отуруп алды, - Күйөөңдөн эмне үчүн ажыраштың эле?

- Анын сен үчүн кандай зарылчылыгы бар?

- Эң зарыл. Күйөөң өлгөн болсо албайм, эри өлгөн аял кара жаздык болуп калат, деп менин оозумду ачырды. Ушунча жашка келип "кара жаздык" дегенди укпаптырмын, каткырып койо бердим:

- Мүмкүн күйөөм өлүп калгандыр, эчтеке айтпасамчы?

- Чын айтам, эгер күйөөң өлүп калган болсо, мен сага жабышпайм, тирүү болсо анда сенден калбайм!

- Башты оорутпай чыгып кет, азыр балдар келет. Катын толуп атат, каалаганыңды алсаң болот.

- Жо-ок, аялдын баары бирдей эмес. Бирөө кара жаак, бирөө ажаан, бири көз көрүнөө будамайлап жазгырган жеңил аяк, түшүнө да, ишене да албайсың аялдарга.

- Андай кыйын экенсиң, аялыңдан неге ажырап жүрөсүң? Аял алдың беле деги?

- Анын эмнесин сурайсың… Ошол аялымдын айынан түрмөгө дагы отуруп келдим. Узак сөз, отурсаң баштан өткөнүн айтып берем.

- Анарбек, сенин өткөнүңдүн мага эмне кереги бар? Менин өткөнүмдүн, сенин баштагы турмушуң мени кызыктырбайт, эч кимге кызыгы жок. Түрмөгө отуруп чыксаң, демек, милицияда учетуң бар, жиниме тийсең азыр арызданам, тынч жашатасыңбы деги?

- Коркутпай эле кой, корко турган убакыттан өтүп кеткемин. Андан көрө кел эми, сүйлөшүп отуралычы, суранам сенден, итче куубачы, - дегенде боорум ооруп аны карап көпкө турдум да: "Эмнеге эле минтип жатам? Бул деле адам го, ансыз да жакшы эле азап тартса керек.." деп ойлоп мындан он беш жыл илгери көргөн шыпылдаган узун бойлуу, алтын тиши жаркылдаган жаш жигит көз алдыма тартыла түштү. Анан ордуман туруп чай коюп келип маңдайына олтурдум:

- Кана сүйлө, кулагым сенде?

- Бая эле ошентпейт белең, - Ал бир азга мени ойлуу карап турду да, сөзүн баштады. - Мен аялым менен ажырашып, кайра табышып жүргөм. Ошол убакта боюнча болуп калып, тынч жашоону ойлодум. Улуу кызым беш жашта, кайнатамдарда болчу. Аялым төрөгөндөн кийин да ынтымактуу жашап калдык. Баары ойдогудай болуп, мен театрдын унаасын кылдыратып жүрдүм. Бир күнү кызуу болчумун, үйгө келсем аялым баланы он бештеги коңшунун кызына каратып коюп кайдадыр кетип калыптыр. Күтүп жаттым, канча күткөнүм эсимде жок. Көзүм илинип кеткен экен, ойгонуп кетип дүкөнгө бардым да бир бөтөлкө арак алып келип ичип отургам, андан аркысын билбейм… Баламды карап отурган кызды зордуктадың деп ызы-чуу түшүп, заматта эле милицияда көзүмдү ачтым, эсимде эч нерсе жок… - Тунжурай отуруп калды. - Билесиңби, аялым менимче ал кызды башка бирөөгө сатып коюп, мас абалдагы мени карматып койду.

- Кантип эле, ал кыз өзү сени тааныса билбей калмак беле?

- Караңгы кирип калыптыр, баланын жанында тигил кыз уктап калат, ойношу менен келген аялым менин мас экенимди көрүп ошону кылды да..

- Кызык, уктап калса деле көзүн ачканда сенби же башкабы, тааныйт эле да?

- Кыздын көзүн жаап алып зордуктаптыр, текшергенде менин зордуктаганымды далилдешти, бирок ушул убакка чейин ишенбейм, эстей да албайм.

- Кантип эле, башка бирөө зордосо сени күнөөлөмөк эмес, мастык менен билбей калгандырсың.

- Андай болууга мүмкүн эмес, ал кызга мен тиймек эмесмин.

- Кой эми, болуптур, кыскасы жазаңды алып келипсиң…

- Ни за что болуп жатпайбы. Күнөөсүз күнөөлүү болуп жазаландым. Ал жакта көргөн азабымды айтпа, сегиз жыл күндү санап отурдум.

- Тагдырың жазганды көтөрбөскө аргаң жок да. Пешенеңдегини көрөсүң.

- Туура, ошондой болду. Аялым кийин ошол кишиге тийип кетти, ал врач болчу. Ошол экөөнүн жасаган иши менин тагдырымды талкалады.

- Эми ким билет, ага өкүнгөн күндө дагы кайрый албайсың, - Мен кайнаган чайды алып келип демдеп, чай куюп сундум. - Чайдан ич, анан эсиң барда этегиңди жыйып кетип кал. Балам келсе жаман айтып койбосун, жаман көрүнүшпөйлү.

- Сен кызык экенсиң. Балдарды көндүрүш керек. Мен сенден эми өлүп ажырабасам тирүү турсам жаныңдан карыш кетпейм.

- Оюндун азы жакшы дегенди билесиңби? Болуптур, сен чыда, ичкениңди ташта, ишеничке кир. Мени сен, мен сени байкайын, анан көрөбүз, - деп мен аны жооткотуп чай ичкенден кийин эшикке чыгарып койдум.

Чыны менен ал ичпей калды. Мындай караганда кинодогу бандиттерге окшоп дайыма кара плащ, кара шляпа кийип алат. Коңшуларымдын ичинен Чынара деген келин экөөбүз ынак элек. Мырзакул деген көңүлдөшү менен жашачу. Төрөбөптүр. Мырзакул жокто жалгыз калып мени чакырып алып экөөбүз аркы-беркини кобурашып отура берчүбүз. Бир күнү ал мени эшикте жүрсөм чакырып алып:

- Эже, бир сөз айтайынбы? - деп күлүп калды.

- Айт, айта бер.

- Мынабу барактын аркы башында бир кычыраган киши жүрөт, чаппайлыбы?

- Ой кокуй күн десе, мен дагы бир сонун сөз айтат экен десе. Аның эки күндүн биринде сүйрөлүп келип жүрөт го?

- Ооба, ичип келчү эле, аз күндөн бери сопсоо келип жүрөт, өзү тыкан жүрөт экен.

- Байкап көр.

- Сизчи?

- Мен эми карып калдым да, - Мен аны карап күлүп койдум. - Мага караганда сен жаш эмессиңби.

- Жо-ок ай! Көп болсо бир жаш эмне. Жакында кыркка чыгат экенбиз. Мен аны чабайын десем, Мырзакул өлтүрүп койбойбу? - Көздөрүн жымыңдата, оозун чойоңдото жылмайып алды. - Мырзакулдун жинин билесиз го. "Аялыңа кет" десем, "Бирөөнү таап алгансың го" деп кызганып турат.

- Аның туура дечи. Экөөбүз кара шляпаны эмне кылабыз? Ал кургур да далайдан калган неме көрүнөт, кычыраганына караганда оңо-ор адам эме-ес.

- Чын эле ай эже, ошондой болуш керек ээ? - Чынара ойлонуп калды.

Ошол убакта Мырзакул машинасын айдап келип калды эле, Чынара үндөбөй басып кетти. Анткени анын бирөө менен сүйлөшүп турганын көрсө да урушат деп укчумун.

Анарбек он беш күндөй үйгө келген да, ичкен да жок. Күндө эртең менен кетип кечинде келип үйүнө кирип кетет. Мен болсо өз ишим менен алекмин. Айдана келди, балам айылга окуп калды. Кызым төрөсө эле Бишкекке кетсем деп жүргөм, кечигип жатты.

Кеч кирип калган. Анарбек эшикти акырын ачып кирип келди. Мен уялганымдан:

- Кел-кел, - деп жиберипмин, кызым мени таңгала карап калды.

- Келдим, кандайсыңар өзүңөр? - деп босогодо туруп бери өтпөй учурашты.

- Жакшы, кудайга шүгүр.. Кел отур! - Көз кыйыгым менен кызымды карасам мени бир, аны бир карап жаман көргөндөй түр көрсөтүп сыртка чыгып кетти.

- Эмнеге келдиң? Булар мени жаман көрүшөт, мына көрдүңбү? - Мен ага кызымдын алдында ыңгайсыз абалда калганыма кейий сүйлөдүм.

- Эй кызык экенсиң, балдар сага боор оорумак беле? "Отуз уулум болгуча, осурак чалым болсочу" дегендей, булар өз ордуларын таап кетсе жалгыз каласың. Көндүрүш керек!

- Кантип? Сени "үйгө кир" деп койгонго жинденип атат, кокус "тием" десем карабай таштап койсо кантем?

- Таштабайт. Баланы эне таштап кетсе да, таап алып жатышпайбы?

- Ошентсе да менин чоочун эркекти үйгө киргизип алганым уят эле. Ушуларга баш-көз болгондун ордуна… Ай кудай ай, деги барчы үйүңө! - Мен башымды мыкчый отуруп калдым.

Ал кебелип койбоду. Кызым Тынаранын жанына эрмектешкени кетип калды окшойт. Экөөбүз бир топко үнсүз жер тиктеп отура бердик. Көптөн кийин:

- Миргүл, айтсаң, күйөөң менен эмне үчүн ажыраштың эле? - деди Анарбек.

- Менден кетти окшойт, - Мен ойлуу отуруп калсам ал мени карады. - "Жаман аял эр кадырын билеби, билген болсо сыр түйүнүн чечеби?" дегендей, эр кадырын билбей калдым, - дедим аны сынай карап. - Күйөөм жакшы адам, мен кетээрим менен аял алды, жаман эркек болсо балдарын ойлоп башын оорутмак.

- Сүйлөйсүң да-аа. Кой, мейли, мен барайын. Жакшы тур, келем дагы, - Ордунан туруп чыгып кетти.

"Кызык адам экен, эмне эле жармашат? Мен байкуш неге эркектерге өч болуп жаралдым экен? Балким мени сүйүүнүн илеби мерес кылып койгондур?" деп ойлонуп олтура бердим. Үргүлөп кеткен экемин, Айдана светти жандырып:

- Уктап калдыңызбы, тиги киши кеттиби? - деп сурап отуруп калды.

- Кетпегенде жатат беле? Сүйлөшүп отурайын деп келиптир, унчукпай угуп отурдум.

- Анын эмнесин уктуңуз, алкаш неме калп-чынды дөөрүй берет да.

- Калппы, чынбы, анын бизге ысык-суугу жок, балам. Ал сүйлөдү, мен уктум, эмне болмок эле?

Кызым унчукпай калды. Мен дагы үндөгөн жокмун. Эми жаталы деп жатканда Сажира менен Өскөндүн кызы Такы экөө чоң аякка жаңы шорпону эти менен көтөрүп кирип келишти. Экөө абдан ынак, качан болсо ажырабай бирге жүрүп көнүп калышкан. Сажираны үйгө жатканга зорго алып келчүбүз. Шорпону бизге жеткирип коюп эле экөө кайра кетти.

- Бүгүн келбейм, апа, Тынара эже жалгыз, - деп коюп жүгүрүп кетишти.

- Мейли, - дегенимди угушкан да жок. Жаңы шорпо менен этти жеп алып жатып алдык.

Абдыш менин бөлөмдү алган. Ал менден бир жаш улуу. Экөө сүйлөшүп жүргөндө Байсары жезде: "Жетим балага кызымды бербейм" деп койгон экен. Тагдырдын буйругун кара, акыры экөө кошулушту. Мен эчтеке дебедим. Балким экөөнүн ортосунда улуу сүйүү бардыр, ким билет? Менин үч күн биртуугандарым менен бирге жүргөнүмдү шылтоо кылгандыр…

Жаз келип биринчи класска окуп калган уулумдун Алиппе майрамына жакындаганда барып акчасын берип, эжекесине белек даярдап берип кайра жөнөсөм Саадакан таежем жолугуп калды. Ал өмүр бою мугалим, эл агартуунун отличниги болуп, андан кийин завуч, райондук советке депутат болгон ардактуу адам эле. Сүйлөшүп калсак ал:

- Ай кыз, күйөөң жакшы жигит эле, эмне жин тийди балдарың чоңойгондо? - деп калды.

- Эже, "жакшыны жатка чыгарба" дейт, анын сыңары жакшы күйөө балаңар жатка кеткен жок. "Коюндаш түшсө кончко" дегендей, бир жээниңден өтүп экинчи жээниңе барды, - дедим мен күлө.

- Өлүгүңдү көрөйүн, тилиң чечектей… - Саадакан эжем андан башка сүйлөбөдү.

Жылуу-жумшак коштошуп кете бердим. Келсем кызым толготуп калыптыр, коркконумдан төрөтканага жеткирип келдим. Көрсө эрте жеткирип коюптурмун, бир жумадай жатып калды. Ошол убакта жалгыз калып, Анарбектин сунушуна макул болууга аргасыз болдум, анын үстүнө кетпей туруп алды. Мени менен төрөт үйүнө кошо барат. Бир жумадан кийин Айдана кыз төрөдү. Кубанычым койнума батпай бир бутум төрөтканада, бир бутум үйдө. Керек-жарагын, тамак-ашын жеткирем. Ал төрөгөндөн үч күндөн кийин күйөөсү келди. Токтоболот өзү жоош-момун болчу. Анын кубанганын айтпа. Үч-төрт күндөн кийин эле чыгарып алдык. Анарбекти өгөйлөбөй эле тим болушту. Тун неберемдин атын Жанар деп койдум. Жанар тоодой жанып турсун деп тилек кылдым. Анарбек болсо "аны мага жаздыр" деп маземди алды. Анткени Токтоболот менен Айдананын заксилери жок болчу. Күйөөсүнүн паспорту жок, метирке алалбай жатканбыз. Мен ага болбодум:

- Өз баласы өздөрүнө буйрусун, бизге бере койобу?

- Эчтеке болбойт, экөөбүз багабыз да.

- Жо-ок, сен эмес менин акым жок.

Ага: "Сенин кандай тиешең бар, кечээ эле пайда болгон адамга баласын ишенип ким берет экен?" деп катуу айталбадым.

Жанардын туулганына туура эки ай болгондо Бишкекке келдик. Келген эле күнү Анарбек мени бир тууган жеңесинин үйүнө алып барды. Аерде эки-үч күн туруп, "базарга чыгып иштейбиз" деп Ош базарына баса бердик. Ошентип шаардагы кыжы-кыйма элдин арасынан өз бактыбызды издеп эл шарына кошулдук. Адегенде кичинекей стол менен чылым сатып отуруп калдым. Анарбек тачка түртөт. Күндө кечинде Зеленая көчөсүндөгү батирге жыйырма сом төлөп жашап жаттык. Акырындык менен товарды көбөйтүп, Ош базарынын тең ортосунан орун алып иштей баштадык. Ишибиз жакшы болуп калганда Анарбек ичип алчу болду. Адегенде ага үндөгөн жокмун: "Чарчайт да, ичсе ичсин. Көбөйтпөс", деп койом. Бирок азайтмак түгүл көбөйтүп, бир жагынан арак ичсе, бир жагынан чылымды чегип тынчымды ала баштады. Акырын да айтып көрдүм, уруштум, эч болбоду. Ага көрүнбөй суточныйга түнөп алчу болдум. Ишим жакшы эле, ичкени жүдөттү. Кечкисин качып кеткеним менен, күндүзү местадан кете албайм. Бир күнү аябай урушуп койдум эле, бир аз ичпей калды. Жаңы Жыл жакындап калган. Соода абдан жакшы болуп жатты. Күнүгө алган товарым күндө калбай калат. Сигареттерим блок менен өтүп кетет. Ошол кезде бир сомдук акчалар жаңы болчу. Балким жөн эле жолум болуп жүрдүбү, билбейм, айтор бир сом деп бүктөлгөн жыйырма сомдукту таштап коюп эки штук чылымды алып кетип калышат. Эки-үч жолу чакырып кайтарып бердим, кээсине үлгүрө албай калчумун. Отуз биринчи декабрь күнү Анарбекти тачкага чыгарган жокмун, анткени товарым түгөнгөндө кайра-кайра оптовыйга жүгүрүүгө туура келет. Соодам ал күнү укмуш болду, кечинде товарым бирин-серин калып калса болобу? Кечкурун батирге келип санасам туура беш миң сом болуптур. Ошентип токсон жетинчи жылдын акыркы күнү мен үчүн абдан жемиштүү болду. Шаардын сырын билбеген жаным биринчи январь күнү таң эрте чыгып алсам базар жабык, эч адам жок. Бирин-серин элдин жүргөнүн көрүп столумду коюп, калган товарды сатмакка туруп калдым. Менден кийин дагы бирөө келди, ал дагы мага окшоп жакшы билбеген неме экен. Бара-бара эл ары-бери өтө баштаган. Кар сампарлап жаап, муздак жел бети-колду тызылдатып турат. Бир кезде үшүгөн буттарымды бири-бирине ургулап турсам эле маңдай жагымдан көк кагаз желге улам серпилип атат. Кагазбы деп карап койом. Анан акырын басып барып карасам бир кагаз миң сомдук экен. Жарымы карга басылып, бир жагы жел менен кошо кыймылдап атыптыр. Эки жагымды карап коюп ала койдум да: "Оо кудай, ушунуңа шүгүрчүлүк, үшүбөй кете берейин" деп ойлоп столумду бир жагыма, товарымды бир жагыма көтөрүп батирге кирип барсам Анарбек жок. Көрсө ал автовокзалга кетиптир. Айылга кетмек болуп жатканбыз. Билет алып келип калды. Январдын он бирине зорго алыптыр. Эки-үч күн эс алып, жөн отурбай дагы ордума чыгып алдым. Акча соода болбой атты, ага карабай кеткиче чыга бердим. Анарбекти айылга алып кетчү буюмдарды алганга дайындадым. Он литр спирт, чылымды блоктоп, конфет, печенье, шоколаддарды алып дайын болуп турдук. Кетээрибизге эки күн калганда телевизор да алдык. Эртең жөнөйбүз деген күнү базарга чыкпай үйдө отурсам эшиктен баламдын үнү угулуп калды, ыргып туруп каалганы ача койсом Нүкүм. Кучактап өпкүлөп, анан карасам үстүндөгү кийген кийими жүрөгүмдү оорутту. Күзүндө эле бутунан башына чейин алып берген кийимдери жок. Эски куртка, бутунда арты айырылып калган резинка өтүк, чулгоо ороп алыптыр, анысы чыгып турат. Баламдын бу түрүн көрүп ыйлап алдым: "Бөлөк-бөтөн эмес, жаман-жакшы айтышкан эмесмин, атасы жакшы да, баласы жаманбы? Жок дегенде өзүм алып берген кийимди аябай койсо болмок. Арбакты сыйласа экөөбүздүн түбүбүз бир эмес беле, же ага бир ооз бирдеме дедим беле?" Жүрөгүм сыздай баламды үйгө алып кирип ыссык чай берип отургуздум да, базарга бардым. Бир сыйрасын алып берип, эртеси эрте чыктык. Жолдон баламдан сурап койом:

- Уулум, эмнеге кийимиңди кийбей чыктың? Карачы жолдун суугун, ооруп калсаң эмне болот?

- Эн-ээң, жанагы апам бербей койбодубу, "жыртасың" деп.

- Өзү алып бербесе, атаң деле кийгизип койбойбу?

- Ал да ошентет, "кирдеп калат, айрыйсың, жазга чейин жыртып аласың" дейт.

- Акмак, бир катын деп баласын калкалай албай калган тура.

- Апа, айтпай эле койчу, атамдычы апам аябай жаман кылат, чоңойсом аны көргөзөм! - Бала неме өчөшкөндөй муштумун түйө ызырынды. Баланын жүрөгүнө жеткире ызаланткан аялды тытып жегим келип турду: "Ал иттик кылса да, мен төөчөлүк баркымды сактайын, аман болсо чоңойоор. Кадыр-барктан өзү калат, өз кадырын билбеген киши сыйлаганды билмек беле?" деп ойго батып кеттим. Түш ченде Токтогулга жетип, үйдүн тушуна такси токтогондо эле Айдана чыга калды. Бир күн мурун телефондон келээрибизди айткан элек.

- Келдиңерби? Улам жол карап жаттык эле, кандайсыңар? Келиңиз! - деп мени менен өбүшүп, Анарбек менен сыпаа гана учурашып, жүктөрүбүздү көтөрүшүп жөнөгөндө күйөө балам да чыгып калды. Биз менен учурашып, телевизорду көтөрүп кирди. Нүкү алы жеткенин көтөрүп алган. Кирсек үйдө бала көрүп келген кызымдын абысыны, кайниси бар экен, форель балыгын кууруп жатышыптыр. Мен дароо эле спирттен аралаштырып бөтөлкөгө куюп ортого койдум:

- Кана кудагыйлар, базарлыктан алгыла, силердин келип калганыңарга өтө кубанычтамын!

Стакандарга арак куюп, аларга сундум.

- Ооба, сизди бүгүн келет деп бизди кетирбей аткан, ырас болбодубу кудагый келип калып, - Улуу абысыны Гүкү шакылдай стаканды колуна алды. - Сиздердин аман-эсен келишиңиздер менен!

- Рахмат!

Баарыбыз алып ийдик. Күйөө балам иниси экөө ичпейт. Кайрадан стакандарга Анарбек арактан куюп узатты.

- Мен жокто кызыңарды көрүп алыпсыңар, көрсө өзүңөрдүн кызыңар тура, ээ? - Мен тамашалай күлүп Жанарды колума алып өөп: - Ээ кызым, төркүндөрүң келдиби, ээ? - деп эркелете карадым. - Эмне, көрүндүк кана?

- Кудагый, көрүндүк Токтоболот менен Айданада, - чөнтөгүн сыйпалай ыңгайсыз абалда калгандай. - Сизге да өзүнчө сала келгем, - деп элүү сомдукту сунганда мен:

- Сен ага таарынба, кудагый. Ушул жерде жалгыз жүгүрүп жүрүп зорго төрөтүп алдым, бириң кабар албайсың. Тотош төрөгөндөн кийин келди. Мына, бала силердики экен, баса калып атасыңар, - дедим ичтегимди сыртка чыгара. - Мен таенемин, баккан мээнетим силердин эле кызыңар, "жээн эл болбойт, желке таз болбойт" деген бар го?

Баарыбыз күлүп калдык. Аңгыча балык ортого келди, болгондо да чоң форелден экен, биригип түгөтө ала турган эмеспиз. Бакылдашып кечке чейин отурдук. Мен базарга Айдананы жөнөтүп эт алдырдым да, тамак астым. Кудагыйымдын кетем дегенине болбой жаткырып койдум. Кайнагасы Чикин кызып калды, алар менен кошо "базарлык ооз тийгиле" деп эки кошунамды чакырып койдум. Мырзакул менен Чынара да келди. Чынара созолонуп комуз менен ырдап берди. Андан кийин Гүкү да комуз чертип ырдап, түнү менен отуруп таңга маал жаттык. Эртеси кайрадан баш жазып шорпо жасап берип, анан узаттык.

Жанарым тогуз айга толуп томолонуп, боору менен сойлоп калыптыр. Ага өпкө-жүрөгүмдү чаап, кубанычым койнума сыйбай биринчи неберемдин ырахатына бөлөнүп бактылуумун. Эненин жүрөгү бала, небере үчүн гана жаралганбы, чиркин. Каникул бүтүп калганга Нүкүнү айылга жөнөттүм, окуудан калбасын деген тилегим да.

- Нүкү, жакшы оку ээ алтыным, мектепке жакшына болуп кийинип барып жүр, окууңдан калба!

- Ооба, жакшы окуйм. Сиз эми Бишкекке кетпейсизби?

- Бир айдай биерде болобуз, анан барып кайра иштейин балам, биерде болсок кайдагы соода? Жазында өзүм кийим-кече жеткирип берем, макулбу?

- Ийи. Сиз алып берген джынсы костюм-шымымды кийем да.

- Ошент балам, апаң менен урушпай эле гой, жаман бала болуп каласың, макулбу?

- Ооба, урушпайм, - Эрдемсине компоюп койду. - Мен чоңойсом сизди алып кетем аа?

- Аман-эсен болсоң болду, балам. Чоңойо берчи, эң башкысы сабакты жакшы окусаң баары болот. Эми жакшы жүр! - деп эки бетинен өөп, автобуска салып койдум.

Аны жөнөтүп алып ичим эңшериле, бир жак капшытым ээн калгандай ыйлап алдым. Үйгө келсем кыз-күйөөм кыжылдашып отуруптур, менин дабышымды угуп тынчтанып калышты.

- Силерге эмне болду? - Мен экөөнү алмак-салмак карап, Жанарды алып төргө отура кеттим.

- Апа, бир эжеден бир кап буудай алганбыз, ошого акча таап бер десем азыр жок дейт.

- Канча сом экен бир кап буудайы?

- Үч жүз сом…

- Мен берейин, алпарып бергиле. Анан ун алып келгиле экөөң барып.

- Ма-акул, - Айдана тултуя кабагын бүркөй туруп кийине баштады. - Иште десем болбойт, өзүбүзчө оокат кыла албасак…

- Жумуш жок болуп атпайбы, - Тотош нымтырай жер карады.

- Эми кышта кайсы жумуш, жөн эле кыйнай бербе, жазда иштейт да.

- Кыйратат ушу, - Айдана жактырбагандай бурк этти.

- Өзүң сүйлөшүп тийдиңби, бары-жогуна кайыл бол да. Аны да, өзүңдү да кыйнабай.

- Мен иштейм, апа, иштейм. Жумуш издеп эле атам, - күйөө балам күнөөлүүдөй Айдананын артынан жөнөдү. Үч жүз сомду өзүнчө бердим да:

- Бир мүшөк ун ала келгиле. Кант, чай, майыңар барбы?

- Баары түгөнгөн.

- Анда муну алып баарын алып келгиле. Ушул жерге такси жыйырма сом алаар, такси менен келип каласыңар.

- Ооба…

Айдана күйөөсү экөө чыгып кетти, мен Жанар менен калдым. Аны ойнотуп, ойунчуктарын алдына койуп, улам сойлоп жеткен сайын ары жылдырып аны менен кошо ойноп ырахаттанып отура бердим. Анарбек инисине учурашып келгени кеткен. Ал келип калды. Жанар менен ойноп жаткан мени көрүп:

- Ой уу-уй, сен жөн эле небереңден да кичине болуп кеткенсиң го? - деп күлүп калды.

- Муну сойлотуп, ойунчукка жетсин деп атпайынбы. Өзү да жакшы сойлойт экен, бул жөрмөлөбөй эле сойлойт да, капырай.

- Ошенткен бала бат басат.

- Кана бат эле басып кетсе, жетелеп жүрө берет элем.

- Шашпа, жетелей турган кез да келет.

- Эй садага кетейин күчүгүм десе, көзүңдөн ананайыным…

Бекем кучактап, уурттарынан чопулдата өөп жаттым: "Жаман десе, жакшы болсо небересинин жытынан ырахат алып, күлкүсүнө тойбой көтөрүп бакпайт беле? Сен кудайдын каарына калдың, Абдыш. Андай эле менден кеткиң келсе менден жаш, менден сулуу, төрөй турган аял албайт белең? Төргө отургузуп бутун жууп берип, төрөбөй турганды албай. Сен неберенин жытына, күлкүсүнө, караанына татыбайсың. Ошол жолду өзүң тандап алгансың" деп ойлоп, Жанарды кучагыма кыса мелтиреп ойго барып кетипмин:

- Сага эмне болду? - деген Анарбектин үнүнөн селт этип кеттим.

- Жөн эле, Сажирам эмне болуп жүрдү экен…

Айылда таежемдикинде жүргөн кызымды ойлоп сагынып кеттим: "Садагам десе, кантип жүрдү экен…"

- Эми шаарга кеткенде ала кетели, - Анарбек мени карады. - Ансыз да бирөөң товарга барсаң, бириң соода кылганга жакшы. Мен тачкиде иштеп таба берем.

- Эртең барып келбесем, - деп отурганымда Жанар ыйлап калды.

Аны көтөрүп сооротуп жатып сооронуп калганда кайрадан: "'Т', сен кантип жүрдүң экен? Балким сен өзүң сүйгөн жанга үйлөнүп, бактың тоодой болуп жашап жаткандырсың? Мен неберелүү болдум, болгондо да сүйбөй кошулган адамдан балалуу болуп баарына кайыл, баарына кайдыгер жашап, сүйүүмдү балдарыма алмаштырган кезде ажырашкам. Мен абдан бактылуумун, небере көрдүм, неберенин ысык демин, таза наристе күлкүсүн угуп, өзүмдөн өзүм учуп, бактылуу экенимди ким менен бөлүшөөрүмдү билбей сени ойлоп, ойум менен сага жетип отурам: сен да бактылуусуңбу?" деп санаанын сансыз кайыгын калаксыз айдап, кучагымдагы наристени шуу эттире жыттап алдым. Наристе кез кандай таза, арам менен адалды, жаман менен жакшыны, арамзалык менен куулукту али сезе элек акактай тунук, асмандагы жылдыздай кол жеткис бийик наристе гана улук бул дүйнөдө. Буту басып, тили сүйлөөгө келгенден баштап өзүмчүлдүк жан дүйнөсүн аралай, ач көздүк, арамзалык дээрине уялап, пенденин түйшүгүн артына баштаганы өкүнтөт…

Туура бир ай балдарымдын жанында болуп, Сажирага барып келдим. Канымкан баласы өлгөндөн кийин "жанымда караан болсун" деп алып калган. "Алып кетейин" десем болбой койду. Март айы жакындап калганда кайра шаарды көздөй жөнөдүк. Келсек баягы батирибиз бош экен, ордубузга кирип алдык да, соодага кириштик. Анарбек көпкө чейин ичпей жүрүп, кайра ичип алды. Жиним келип:

- Анарбек, эгерде ичкениңди таштабасаң сени менен жашабайм, ушундайда эсиңди жый, - дедим эле, ал мойун бербей калжактады:

- Ичсем ичем да, эмне болуптур? "Ичпе, ичпе" дейсиң, тапканымды берип атам го, суукта чарчаганда ичип койсо болбойбу?

- Андай болсо тапканыңдын да кереги жок, мен аракеч менен жетелешип жүрө албайм. Өзүң "ичпейм" деп убада кылгансың!

- Болуптур, ичпейм. Суукта аз-аздан ичип турайын, андан кийин такыр ичпейм!

- Жо-ок! "Такыр ичпейм" деп убадаңды бер! Суукта элдин баары эле иштеп жатпайбы. Кечкисин тамакты жакшы ичесиң, түштө да жакшылап түштөнүп алсаң болот да?

- Ээ кызык экенсиң. Ага болбой кетет да, ичкиң келет. Анан токтоно албай ичип алам, андан кийин дагы ичкиң келип туруп алат, - Ал өзүнчө жер карап, ичкиликти койо албасына көзү жеткендей ишеничсиз сүйлөп жатты.

- Өзүңө ишене албасаң жаман-жакшы көрүнбөй дароо эле бөлүнүп алалы. Экөөбүздүн ортобузда эч нерсе деле жок, оңой ажырашабыз. Эртең мен өзүмчө батирге чыгам, сен биерде кал!

- Койчу эми, бираз чыдасаң таптакыр таштайм. Чыдачы кичине.

- Болуптур, акыркы убадаң болсун. Айтып койойун, эмки жолу мен сага сөз коротуп оозумду оорутпайм, унчукпай басып кетем.

- Мейли, эгер арагымды койо албасам, өзүң билгенди жаса. Дагы бир ишенип кой, аракет кылып көрөйүн, - ал башын шылкыйта отуруп калды.

Ош базарынын ортосундагы орунда соода кылам. Сейтек соода комплексинин маңдайы, улам кирип түгөнгөн товарымды алып чыга калып, коробка шоколад менен сигареттерди оптом сатып ийем. "Магна" деген чылым ошол кезде жакшы өтчү, "Банд" экөө…

Жаз келип, жан-жаныбарлардын баары күн нурунан жылуулук алып, жертөлөдө, люктарда жашагандар кыш ызгаарынан кутулуп, ар кайсы жерде эки-экиден болуп таштандыны чукуй башташкан. Ош базарынын ортосундагы биздин орундарды алып, баарыбызды кубалап салды. Айлам кетип өзүм жашаган батирдин бурчунда чоң талдын түбүндө отура баштадым. Ал жерде спирт саткандардан аздап спирт алам да, суу кошуп сата берем. Кудай жалгап бул жерден да соодам жакшы боло баштады. Анарбек болсо ичкенин токтотпогонунан башка батирге кетип калгам, бирок ал соода кылган жерге мас болуп келе берип тажатты.

- Эй, сен кимсиң мага? Азыр жоголуп кетпесең милиция чакырам! Аман-эсениңде кетип кал! - дедим суроо-жоопсуз эле сигарет алганына ачуум келип. Анын үстүнө алыстатып койгум келди.

- Эмне, бир сигареттен өлөсүңбү?

- Өлөмбү-өлбөйүмбү, ал менин ишим. Кыскасы, мындан ары жолобо, өз оокатыңды өзүң кыл, менин жаныма келчү болбо!

- Сен менин аялымсың! - дейт ого бетер жиниме тийип.

- Эми мен сага эч ким эмесмин, мындан ары карааныңды көрсөтпө. Ырыскыңды көтөрө албадың. "Ичпейм" дегениңе ишенип "күйөөгө тийди" деген жаман атты мойнума илдим. Жетишет сенин мага көрсөткөн сыйың!

- Кой анчалык ачууланба. Ичпейм эми, сөзсүз койом.

- Эми ичесиңби-ичпейсиңби, ишим да жок! - Мен клиентке жүз грамм арак куюп калсам өчөшкөнсүп же мени байкабай калды деп ойлодубу, пачка полетту чөнтөгүнө сала койду. Ачуум аябай келип жетип түртүп ийсем тачкасынын үстүнө жыгылып дөңдө турган тачка бир топ барып токтоду. Өзү аябай мас болчу. Ошол бойдон көпкө жатты. Тачканын кырына башы тийиптир, коркуп кеттим, бирок сыр билгизбей ары карап туруп алдым. Аңгыча участкалык милиция басып келип менден сурады:

- Эже, бул сизге тийишип жатабы, алпарып камап койойун?

- Тийишкен жок, сигарет сураганынан бербей койдум.

- Эгер тийишип бир нерсе десе айтыңыз, келбес кылам.

- Макул, дагы келсе айтам.

Мен аны жөндөн жөн эле салып бергим келбеди. Боорум ооруп тим болдум. Милиционер кеткенден кийин Анарбек дагы көпкө кажылдап туруп, анан кетти. Мен карабай, сүйлөбөй койдум. Анын алган сигаретин чөнтөгүнөн сууруп алганга батынбадым.

Бир топ акча жыйып, жалгыз соода жасап жүрсөм бир таанышым Алматыга барып келели деп калды эле, мен макул болуп эртең жөнөйбүз деп атканда базарга барып келмек болуп кетип жатсам жолдо саманчынын жолундай чубалып жыйырма сомдуктар чачылып жатат. Эки жакты карасам эл суюлуп калган, бирин-серин гана киши өтүп, кеч кирип калган болчу. Эңкейип акчаларды жай гана чогултуп алып санасам беш жүз элүү үч сом экен. Чөнтөккө салып басып кеттим. Кайра келатсам алдыман Рапкооптон келген келин жолугуп калды.

- Кандайсың, иш болуп атабы? - Ал мага жакындап бир сөз айтчудай жол жээгине тартты.

- Жакшы эле, кудайга шүгүр. Өзүң качан келдиң?

- Эки күн болду. Сенин кызың Сакен акеникинде турбайбы. Бая күнү жакшынакай туруп эле өзүн жоготуп, ооруканага баргандан кийин беш-алты саатта зорго эс алыптыр.

- Эмнеси ооруптур? Андай оорусу деле жок эле, кудай ай, ага эмне болду экен? - Мен тызылдап ийдим.

- Билбейм. Канымкан эже коркуп калыптыр. "Көрсөң айтып кой" деген. Сакен аке экөө тең түнү менен жанында болушуптур.

- Кудай ай, аман эле болсо экен! Кой, мен эртең эле барайын. "Алып кетейин" десем болбой койду эле… - Мен ыйлап ийдим.

- Коркпой эле кой, жакшы болуп калды. Эмнеси болсо да "айтып кой, жүрөгүм түшүп калды" деген эле, ошон үчүн айттым..

- Ырас болбодубу жолукканың. Же телефон жок, сүйлөшө албай жаттым эле, - деп аны менен коштошуп батириме келип камындым да, айылга жөнөп кеттим.

Токтогулга кайрылбай эле көңүлүм тынбай Рапкоопко өтүп Сакендикине жетип бардым. Барсам кызым жүгүрүп чыкты. Кучакташып экөөбүз тең ыйлап атсак Канымкан келип:

- Омэ-ээй эне-бала, болду эми ыйлабагыла, - деп мени менен учурашып калды. - Ырас келбедиңби, үйгө кир, алыс жолдон чарчап келгендирсиң.

Үйгө кирдик.

- Кандай жатасыңар деги? Денсоолугуң жакшыбы, балдар аман-эсенби?

- Жакшы, байым. Өлбөгөн жан жүрө берет тура. Макум өлүп эле калды, мен өлбөй эле жүрбөйүмбү? - Канымкан ыйлап басылды. - Кантейин, колумдан келбей ажалга алдырып жибердим, андан улук эчтеке жок экен го?!

- Кайгырба эми, алла талаа өзү жаратып, өзү каалаган убакта алат тура. Жашпы-карыбы, көрөөр күнү бүтүп, суусу түгөнгөн күнү кете берет экен. Белиңди бекем буу, уул-кызың турат, уучуң куру эмес. Кейий берсең денсоолукту жоготосуң, көп эле кейибе, - Мен ага кайрат айттым.

Ал жерде бир күн түнөп, кызымды алдым да Токтогулга келдим. Айдана кызы менен отуруптур, алып келип берген товардан же спирттен дайын жок, же акчасы калбай уну жок ачка калыптыр. Эки күндүк гана уну бар экен:

- Токтоболот достору менен ичип-жеп, анан урушуп кетип калды. Мени Рапкоопко жүр дегенинен барбай койдум, - деп ыйлап ийди мени көрүп эле.

- Мейли, кетсе кете берсин, өзүң аман эсенсиңби, кызыңдын дени-карды сообу, ошо жетет. Ыйлабай өзүңдү карма, - Кызымды сооротуп, көңүлүн көтөрө Жанарды алып өпкүлөп эркелетип жаттым. - Жаным го менин, күчүгүм десе, таенеңди тааныдыңбы?

- Апа, апа! - деп калды кулачын жая.

- Анан эмне, тили чыгат, анан басат, чоңойот алтыным, анан киши боло-от!

- Апа, бир дагы товар калган жок. Соода кылып эле тамак-аш ала бердим. Сүт, каша алам, анан түгөндү, сигареттен эле калды.

- Болуптур, өзүңөрдүн аманчылыгыңар керек мен үчүн. Нүкү келген жокпу?

- Ал келген жок. Атама барсам кызымды көрүп көрүндүк да бергенге жараган жок. "Бир улак" дейт, "аны сатып акчасын бер" десем, "күзүндө" деп болбой койду.

- Ошого баргандан көрө мазарга барсаң болмок, ал силерди эбак эле унутуп кечип койбоду беле? Дагы баласыңар да-аа.

Менин жүрөгүм сыйрылып кетти. Кызымды жакшылап тосуп, аталык мээримин төгүп, небересине эзилбеген тоң боордугуна жиним келди: "байкуш, 'өлсөм ыйлаарым, тирүүмдө сыйлаарым жалгыз ушул' деп Дакишинен башка көзүнө көрүнбөй калган го. Тууган баласы болбосо кайын-журтка кадыры болобу же жокпу, аны экөө тең ойлобосо керек. Мейли, ар нерсенин өз мезгили бар, баарын өлбөсөм көрөөрмүн, негизгиси балдарым аман болсун" деп ойлонуп калдым. Деги эркек бечаралар кийинки турмушунун кайда барып токтоорун да ойлобой бир аял үчүн балдарын кечип койгону кызык, мүңкүрөп эч нерсеге жарабай калганда ошол уул-кызы башын жөлөп, оозуна суу тамызаарын сезсе аялдан кечсе да, баладан кечпесе эмне…

Арыдан бери даярданып, Сажира экөөбүз базарга барып тамак-аш алып келдик. Айдананы кызы менен таштай албай, шаарга кетпей калдым. "Жаш баласы менен кыйналат" деп көңүлүм тынбады. Өскөндүн барактагы үйүн сатып ийгенинен автобаза жактагы этаж үйдөн бир бөлмө үйгө тааныш аркылуу кирип алдык. Бир бөлмөсүндө буюм-тайымы кулпулануу экен. Ал жерде жашап, күндө пирожки, манты жасап сатып жашоо өтүп жатты. Күйөө балам келип, кызын алып кетем деп тынчыбызды алып, бир топ жүдөтүп жиберди. Мен катуу айткандан кийин келбей калды. Күз келип күн бирде жаап, бирде ачылып, аба ырайы бирде мемиреп жыпжылуу, бирде суук тарта баштады. Сажира экөөбүз базарга жөнөп калдык. Күндөгү көнүмүш адатыбыз. Заправкада иштеген эки-үч жигиттин бири Сажираны тамашалап калчу. Аларга дайым манты сатчумун.

- Эже, кызыңыз жагып калды, мага бербейсизби? - Мага карап күлүп калды.

- Силер кызымдын калыңына чыдай албайсыңар, - Аларга мен да тамашалай жооп бердим.

- Канча калың сурайсыз? - Көңүл бура кулак төшөп калат.

- Тогуздап калың алам, кызымдын баасы жок!

- Ой уу-уй, тогуздаган калың кандай?

- Тооктон баштап төөгө чейин тогуздан берсе ошол тогуздаган калың болот.

- Оми-иий, ошончо кымбатпы?

- Ананчы, кызымдын калыңына чыдаган алат, чыдабаган калат, - Бала кыял жаным, тамашалай басып кетем.

- Ала качып кетсечи? - Артымдан кыйкырып калды.

- Ала качабы, кол менен алабы, чыдаганга гана берем! - Мен кайрыла жооп берем да, үйгө жөнөйм.

Күндө кечинде ал Сажираны кыздардан чакыртып сүйлөшүп калганын көргөнүм менен көрмөксөн болуп койом. Кызым азыр жаш, өзү деле андай бейчеки кыздан эмес, ишенимдүү эле. Күздүн дарак бариктерин саргайткан шамалы бети-колду аймалап, күн бүркөк тартып турат. Сажира экөөбүз базарга жөнөп, чоң жолго жете берээрде Айдана бизди көздөй жүгүрүп калды. Токтоп аны күтүп калганда жол боюна кызыл машина токтоп, эки-үч бала бизди көздөй келип мени бири кармап, экөө эсибизге келтирбей эле Сажираны көтөрүп машинага салганда гана өзүмө келип:

- Кайда-аа?! - деп кыйкырганга жарадым.

Айдана машинанын артынан жүгүрүп таш менен койуп калды:

- Үйгө баскыла десе! Мен тиги кыздардын шыбырашканын угуп калдым. Кызыңды алагачтырып ийип отура бер эми, кайда, кимге кеткенин билбей! - Ал мени урушуп кирди. - Күйөөгө эрте тийип мен жыргап, ошол калыптырбы?! - деп ыйлап мени кучактап калды. - Апа, апа дейм, бол эрте, артынан барып алып келиш керек. Бал бол эртерээк! - делдейип деним өлгөн мени жулкулдата үйгө жетеледи. Эмне кылаарымды билбей дендароо болуп отурсам бир жигит келип коңшуларыма айтып, мага даай албай кетиптир.

- Эже, - деди коңшу аял, - Сажираны Советке алып кетиптир, өзүңүздүн эжеңиздин баласы экен.

- Өлүгүңдү гана көрөйүн десе, тапкан экен даяр кызды, сени шашпа!

Мен ордуман туруп бир челек бензинди Аалы жезденин машинасына куйдурдум да жетип бардым. Машина токтогондо эле бир топ аял чыгып тегеректеп калды:

- Кел айланайын, кел түш эми. Кызды ушинтип уурдап алат.

- Көп сөздү коюп Уялды чакыргыла! - дедим калчылдап турган абалымда.

- Капырай, бөлөк-бөтөн эмес экенсиңер, кир, кирип кызың менен сүйлөш!

- Болбойт, Уялды чакыргыла, кызымды колума тапшырсын! - деп көгөрүп отуруп алдым.

Аалы жездем да унчукпай отурат. Бир убакта Уял бүкүрөңдөп жетип келди. Уял менен Аалы жездемдин аялы бир тууган эле. Бирок катташчу эмес. Менин таятам менен Уялдын атасы бир тууган, мага таеже болот.

- Миргүл, эмне болду? Кызыңды мен келин кылып алдым. Кир үйгө, кызды ошентип ала качып алат! - дегенде жиним келип бакырып жибердим:

- Жетишет! Тапкан экенсиңер келинди! Кызым күйөөгө чыгаар маалы боло элек. Алып чык бери, мен сенин үйүңө кирбейм дагы, бо-ол эрте!

- Ал эмнең айланайын? Бир тууганбыз, ого бетер жакын болуп калабыз. Кыз ыргыткан таш, өмүр бою сени менен жүрө бербейт.

- Жүрөбү-жүрбөйбү, ишиңер болбосун. Кызымды колума сал, сени менен акыйлашып отураар убактым да жок!

- Азыр, Сажираны чакырайын.

Уял аргасыз үйүн көздөй кетти. Бир аздан кийин Уял кайра келди.

- Кана кызым? Алып келбейсизби?

- Ал "чыкпайм, апам өзү келсин" дейт.

Уял бүжүрөй сүйлөгөндө ачуум келип жулунуп түштүм да, эч кимисине карабай үйүнө кирип бардым:

- Кана, каягында?

- Мына, биякка кириңиз!

Бир келин Сажира отурган бөлмөнү көргөзүп узата кирди. Мен төрдө отурган кызымды көрүп жетип барып кучактап калдым да, "эми эмне болот?" деп жардана карап турган элдин көзүнчө:

- Бул жерден табаарың эмне, кызым? Жүрү кеттик! - дедим колунан жетелемек болуп.

Ал ыйлаган бойдон:

- Апа, кечирип кой, мен эми кетпейм… - дебеспи.

Эмне дээримди билбей бир азга делдейе түштүм да, аны карадым:

- Жакшылап ойлондуңбу? Али эки саат өтпөй башыңды айлантып коюштубу?

- Апа, өзүм эле ойлондум, эми кетпейм!

Эсимден ажырагандай эле болдум. Бир кызымды, бир мени карап тургандарды бир карап, эмне кылаарымды билбей турганда Сажира:

- Апа, батаңызды бериңиз, мени кечирип койуңуз, ак батаңды бер! - дегенде аргасыз:

- Бактылуу бол! - деп сыртка жүткүндүм.

Алдымды тоскон аялдар:

- Үйгө кир, кудагый, үйгө кир! - деп колтукташканда мен эч нерсеге карабай чыгып кеттим.

Машинага жетип эле жездеме:

- Айдай бериңиз! - дегенимде топураган аялдар, Уялдын улуу баласы дары бир-эки эркек болуп машинаны жылдырбай, жездем экөөбүздү токтотуп калды.

- Түшкүлө, кудагый. Бирдеме ооз тийип чыккыла. "Куттуу үйдөн куру чыкпа" дейт эмеспи, - дешип мени болбой тартып түшүрүп, үйгө алып киришти.

Аргасыз жездем экөөбүз кирип даам ооз тийип анан чыктык. Эртең келээрибизди айтып, анан жөнөп кеттик.

Ошентип кичүү кызымды да күйөөгө бердим. Айданам күйөөсү менен жашат жаткан. Кокустук болуп күйөөсү кайыктан оодарылып кетип чөгүп кетти. Кызы менен жашында жесир калган кызымды ээрчитип алып шаарга келе бермек болдум эле, ал болбой кала берди. Кыштын күнү Нүкү да келип алды. Экөөбүз эки жүз сом менен жолго чыктык эле, жолдон тамак ичип, шаарга келгенден кийин батирге төлөгөндөн калганы жыйырма сом эле калды. Айлам кетип базарга барып эки кил семичке алып келдим да, кууруп, "Кыялдын" алдына отуруп алып кечке саттым. Кечинде чай менен кант алып келип уулум экөөбүз ал күнү чай менен жатып калдык. Эртеси үч кил семичке алдым. Үч күнү семичкени улам жүгүрүп барып алып келип, кууруп келип сатып, кечке беш кил саттым, эки жүз сом болуп калды…

Аз-аздап сигатер кошуп алдым. Балам коробка терип келет, мен семичке кууруйм, күндө беш кил сатам. Арткан акчага майда-барат алам. Ошентип он беш күндө бир топ товар жыйып алдым. Бир күнү сигарет алып жатып, кайрып берген акчасын санабай эле салып койдум эле. Келсем акчамдын үстүнө кошуп берип коюптур. Кыязы, жүз сом берди деп ойлосо керек. Мен элүү сом эле бергем, сегиз сом кайрып бериши керек эле, элүү сегиз сом берип койуптур. Андан кийин бир жолу уулумду отургузуп койуп семичкеге жөнөдүм. Беш кил семичке алып, артыма бурула бергенде жерде жүз сомдук бир кагаз жатканын көрүп, алып алдым. Бирок базардан узагыча бирөө кармап кала тургансып жүрөгүм дүкүлдөп баратам, мен ал акчаны уурдап алгандай болуп, көптө өзүмө келдим. Дагы бир жолу коробка терип кеткен баламдын кубанып чуркап келатканын көрүп, мен да жылмайып койдум. Менин кубанычым балдарымдын гана күлкүсү болчу.

- Апа, - Балам энтигип алыптыр, - апа, коробка терип жүрсөмчү, бар го, коробканын ичинен ботс таап алдым!

- Кантип эле таштап койсун, балам, сен калп айткан жоксуңбу? - Мен аны дароо сустая карадым.

- Өлүп кетейин, калп айткан жокмун. Коробка чогулткан бир бала экөөбүз тепкилеп ойноп атканбыз, анан бирөө оор экен, алып карасам ичинде бар экен да?

Колундагысын ачып караса чын эле так өзүнө чак келчүдөй ботс экен.

- Мейли, балам, өзүңө буйрусун. Артыңан бирөө келбесе болду, - дедим мен.

Бирок көзүмө жаш кылгыра түштү! Бутундагысы жыртыла баштаган эле. Кеч кирип үйгө жөнөдүк. Экөөбүз кобурашып тамак жасап ичип жатып алдык. Уйку келмек кайда, уулум болсо жаздыкка башы тийээри менен уктап калды. Түбү жок санаа көзүмдү ирмелте койор эмес. Кайрадан эле баягы жүрөк иши: "Сен кандайсың, 'Т', мен сени түмөн түйшүк менен жүргөндө гана эстөөгө алым келбей калбаса, ар убак эсимдесиң. Неге сүйүү мени ушунчалык эрте чулгап алганына таңгалам, унутулгус жана көөнөргүс сүйүү берген жаратканга кээде ыраазы да болуп кетем. Эгер сени чын жүрөгүмдөн сүйбөсөм, алда качан унутмакмын. Ал турган өзүм менен окугандардын элеси азыр эсимде жок, а сенин элесиң баягыдай эле көз алдымда. Белбашатта чөп чаап жүргөнүңдө мен чөп чөмөлөп жүрүп силер жактан көз алчу эмесмин. Мен "Горькийге" которулуп кеткенде жазган эки ооз сөзүң эсимден такыр чыкпайт. Балким өзүң унутуп калгандырсың, же бир кездеги сен үчүн жалындап күйгөн кичинекей кызды эстейт болдуң бекен?" Түйшөлүп ары бир, бери бир оодарылып атып зорго уктайм. Анан да Союз таркагандан кийинки адам баласына түшкөн оор түйшүк элди бир топ майыштырып койбодубу?..

Таң ата эрте турам да семичке кууруп, чай кайнатып, анан баламды ойготом:

- Нүкү, Нүкүтай, тур балам, базарга кеттик. Тур, тура гой, - эркелетип башынан, желкесинен өөп атып ойготом.

- Апа, уктап турайынчы, - Ал көзүн уйкудан ачалбай ары карап кетет.

- Бол балам, чай муздап калат, - дейм болбой кытыгылап. - Ачка жүрүп ооруп калсаң атаңа эмне дейм? Ал урушат да.

- Азыр, азырчы-ы, - Чиренип, ушаланып жатып, анан турат бир топто. Тим коюп базарга кете берсем эчтеке ичпей жүрө берет, же үйдү ачык таштап койот. Эки-үч жолу ачык калып, кесе-аягым жоголгондон кийин көңүлүм калган. Кардын тойгузуп, жылуу кийинтип ээрчитип алам. Кечээги таап алган ботс өзүнө куйгандай келди, аны кийип алып жанымда кыдыңдап баратат:

- Апа, атам деле мени жакшы көрөт. "Сен ооруп калсаң апаңа эмне дейм?" дей берет да?

- Ал да менин балам экениң үчүн айтат да. Сен атаң экөөбүздүн балабызсың. Болгондо да жападан жалгызсың. Эки эжең го бирөөнүн бүлөсү экен, эркек баладан сен элесиң да, уулум.

- А-аа, - Түшүнгөндөй унчукпай калат.

Эртеден кечке өткөн-кеткенди карап соода кылам. Жолдо көтөрүп саткан пирожки менен айрыкча лакомканы жегим келбейт. Балама да алып бербейм, анткени бир кошунабыз пирожки жасачу. Күйөөсү экөө тең ичип алып аркы-терки жата берип, кыздары колдорунун кир-сир экенине карабай мурундарын шыр эттире тартып коюп жасай берчү. Баары эле ошентип жасай тургансып ойлой берчүмүн.

Эми кичине товарым көбөйүп калганда кызым бирөөдөн чакыртып ийиптир. Баягы болгону жыйырма сомду эки жарым миң сом кылып көбөйткөм. "Эмне болду, кызы ооруп калдыбы?" деп, дагы эки-үч күн соода кылып, анан айылга кеттим. Келсем өзү ооруп жатыптыр. Баарын жыйыштырдым да, Сажирага жолугуп келип, анан Айдананы шаарга алып келдим. Азыраак товар калган, аны менен чыгып, өзүн дарылатып аттым. Жанар чала-була сүйлөп калган.

Айдана, Нүкү болуп Жанараны жаныбызга алып батирде чогуу турсак күзүндө кызым келип калды. Кошкат да экен. Бир аз тилдемиш эттим:

- Өз убалың өзүңө. Ар бир адам артын ойлоп иш кылыш керек. Мен барганда баса бербей чеки кылдың, балам.

- Эмне кылайын анан, баары эле ар жагымдан чыгып: "өзүм келдим, кетпейм деп айт" деп атышса?

- Каерде болсун ошентет, кызым. Адам чечкиндүү болгону жакшы.

- Болду эми, барбайм.

- Эми барбаганда эмне кыласың? Ичиңдегини атасыз тууйсуңбу?

- Атасы турбайбы, өзүм багам да?

- Али баласың, балам. Эсиң барда этегиңди жый.

- Барбайм дедимби, барбайм! - деп тилдегениме карабай тултуюп калды.

Арадан үч күн өтпөй эле күйөөсү келиптир. Аны мен урушуп койдум эле, эртеси агасы кошо келди.

- Ээ кудагый, булар жаштар да, бираз таарыныша кетиптир. Бөлөктөн көрө өзсүңөр, балдарды жараштыралы.

- Мен кызымды ажыратып алайын деген оюм да жок, куда. Берейин деген оюм жок болчу, эми ажыратпайм, колумдан келсе.

- Ырахмат, кудагый, ыраазыбыз сизге. Балдарды бириктирип койолу.

- Бөтөгөдөн бөөн, жумурткадан кыр чыгарган менин таежемде да бар. Калкыта калың, тойгуза той берип койгонсуп сүйлөсө, же бир дурустап чай бере элек. Бекер бүлөнүн кадыры жок болот окшойт. Жан кыйнап тапкан пулу менен малы кетсе мындай болмок эмес. Дагы да атасы Садыраалынын арбагын сыйлап кызымды жөнөтөмүн. Бир жыл болуп баратат, үстүнө дурусураак кийим кийгизе элек. Мага эмес, түбөлүк бүлө болчу келинин жаркылдатып алып жүрбөйт беле? - деп бир топ айтып-дедим да, агасын узатып жибердим.

Бир айдай жүрдү Сажира, үстү-башына кийгизип, күйөөсүнө кошуп бердим. Аңгыча суук түшүп калды. Батирибиз тар, суук болгондуктан, башкасын издеп Заводскойдон таптык. Көчүп келгенден кийин Жанарды Нүкү карайт, кээде ээрчитип алабыз. Биерден да узун түндө уктабай шыпты тиктеп жата берем. Кээде концертке барып келебиз. Нүкүгө кичинекей тачки сатып берип койсом, кээде иштеп акчасын алып келет, кээде эч нерсеси жок келет. Көрсө жанагы рекет деген немеси аны коркутуп алып койчу экен. Ан эчтеке айтпай эле иш жок деп келип калганда кантесиң. Тырнактай баланы кыйнагым келбей, гезит көтөрүп сатканга кирдим. Айдана экөөлөп сатабыз. Отургузбай кууп атып, товарларымды алып кетип калып, азап тартып калдык.

- Апа, базарга бирибиз эле баралы, анан бөлүп алабыз - деди Айдана бир күнү.

- Мейли, мен Жанарды карап турайын, - деп үч жашар Жакуну карап үйдө эле калам.

Базарда рейд жүрүп, уулумду алып кетип калыптыр. Издебеген жерим калбай, үйдө ыйлап отурсам бир милиция эшиктен баш багып калды.

- Үйдө киши барбы?

- Ким керек эле?

Мен чыга калсам баламды ал колунан кармап алыптыр. Аны көрүп селдейе түштүм.

- Бул сиздин балаңызбы?

- Ооба, эмне болду?

Мен оюмда бала неме бирөөлөргө кошулуп ээнбаштык кылдыбы деп ойлоп ийдим.

- Рейдде балдар менен кармаганбыз, "апам бар, мени койо бериңиз" дегенинен, калппы же чынбы, көрүп келейин деп келдим.

- Ийи, ооба айланайын, менин балам. Керээли кечке издеп таппай айлам кетпедиби. Үйдөн чыкпа дебедим беле, садагаң кетейин!

Нүкүнү кучактап ыйласам тиги милиция:

- Ыйлабаңыз, эч кандай кылмышы жок. Болгону көчөдө, базарда жүргөн балдарды чогултабыз. Жетим болсо балдар үйүнө жеткиребиз, - Ал мени кылчак карап бурулуп баратып. - Балаңызды чыгарбаңыз, - деп ары басканда, уулум:

- Апа, мен "жеткирсеңиз жүз сом берет апам" дегем да, - дейт.

Айла жок, Айданадан алып балама бердим, ал чоң кишидей салмак менен басып барып, ара берип кетирди.

Нүкүнү таппай ары-бери жүгүрүп жүрүп чарчагандай эле болгомун, бирок көзүм илинбеди. Акыры туруп колума калем-кагаз алдым да: "Армандуу мазабатым" аттуу новелла жазууга кириштим…

- ------------------------------------------------------

Бул чыгармам "Тагдыр" гезитине чыккандан кийин бир топ жеңилдей түшкөндөй болдум. Аз да болсо ички сырымды бирөө менен бөлүшкөндөй, мени Ошол адам угуп-билгендей сездим. Ооба, эчен жылдар бою өзүм менен өзүм болуп, тагдырымдын жазганына баш ийип, анын элеси менен сүйлөшкөндө эс ала түшүп, аргасыз жашоонун ыргагына желге термелген каакы гүлдөй саргарып бараткамын. Бул ирет вазадагы тамырына суу куюлган гүл сымал өзүмдү сергек алып жүрө баштадым. Мизаркан деген токтогулдук эже менен таанышып калдым. Ал киши көпүрөнүн үстүндө соода кылат. Негедир аны менен мамилем жакшы болуп баратты. Ошол эле мезгилде Алик Акималиев деген акын менен таанышып, ал менин новелламды мактап калды:

- Ой сенин жазганың абдан жакшы экен. "Кайсыны бүттү?" деп сурашат, билбейм дедим. Окудуң беле?

- Казан университетин жакшы бүткөм.

Мен ага жылмая тамашалай жооп бердим.

- Молодец! Жердеш, теңтуш да экенбиз. Кел мындай кылабыз, сенин минтип жүргөнүң болбойт, жазышың керек!

- Өзүм да жакында бир окуялуу чыгарма жазсам деп турам, аны өз кулагым менен уктум. Убакыт керек.

- Убакыт деген сенин денсоолугуң. Денсоолугуң барда баарына жетишип калууга үлгүрүшүң керек.

- Аракет кылып көрөм. Азыр менин негизги маселем кантип жан багуу болуп жатат. Билесиңби, көңүлүң тынч болсо жасайм дегениңди жасоого болот.

- Аның туура, Миргүл. Бирок убакыт деген уттурбайт, утат. Жазуу колуңдан келгенден кийин убактыңды текке кетирбе.

- Макул…

Мен унчукпай калдым. Ошол кезде менин оюмдун баары батир акысын төлөө, балдарымдын кардын тойгузуу болчу. Соода жасап жаткан жеримден милициялар кубалап, столумду сындырып, товарымды алып кеткенден кийин абдан кыйналдым. Кайрадан стол сатып алууга, товар алууга каражатым жетпей, үйдөн чебуреки жасап сатып, бир аз күнүмдүк оокатым тыңый түшкөндө бир табактагы отуздай чебурекимди дагы алып коюшту.

- Түшүнсөңөр, үйдө неберем, балдарым ачка отурат. Батиримден да чыгып калам, - ыйлаганыма көңүл бурушпады. "Башы оорубагандын кудай менен иши жок" деген ырас ко.

- Бул жакка келген нерсе берилбейт, текшерүүгө кетет, экинчи биякка сатпай каласың, бар! - деп мени көрмөксөн боло эшигин жаап алышты.

Ошентип "бир кудайга койдум" деп үйгө келдим. Уулум кечинде үч-төрт нан алып келиптир. Биз минтип кыйналып жатканда Сажира колундагы басып калган кызы менен келип калды. Ого бетер кыйын абалга туш болдук. Көз алдыма өзүм окуган "Каныбек" романы тартылды. Дал ошондой жалданма заман келди бейм. Болгонун балдарыма бөлүштүрүп берип, өзүм ачка калам. Анан калса Сажира кош бойлуу дагы экен. Андан коркуп, болгон оокатымды ага, неберелериме сактап, күндүзү гезит сатып бирдеме алып келимиш болом. Гезиттин акчасын жеп койсок кайра алганга акча жок бербейт, ошондуктан товар алчу акчаны Айдана экөөбүз коюп койобуз. Батирге карыз болуп кеттик. Күндө берчү жыйырма сомду бере албай, жүз элүү сом болуп калды. Менин кыйналганымды көргөн Алик бир күнү келип:

- Жүр, тиги "Фучикте" бекер үй бар экен, ээлеп бирине кирип ал, - деп калды.

- Ал кандай бекер үй экен? - деп ишенкиребей турдум.

- Ой эл кирип атыптыр. Жүрү барып көрүп келели, атасынын гөрү, мен да аябай кыйналдым. Эгер чын болсо, мен да бир бөлмөнү ээлеп алайын.

- Кызык экен, барса барып көрүп келели, - деп көңүлдөнүп аны ээрчий бастым. "Фучикке" жетип бүтпөгөн үйдүн жанына келгенде:

- Мына көрдүңбү, ушул этажды эл захват кылып жатыптыр. Экөөбүз да бирден бөлмө алып алалы, - деп кабат үйдүн тепкичине жеткенде алдыбыздан чачтары тармал, узун бойлуу сары аял чыкты. Андан сураштырсак:

- Ой байке, баары занит, болгону бешинчи этажда бир-экөө бар, - деп өз менчигиндей бизди бешинчи кабатка ээрчитип чыкты. Мага биринчи эшиги жакты. Баары: айнек-терезеси, каалгасы жок аңырайган бөлмөлөр экен. Аргасыз бекер жашаганга: "бекер кепин табылса өлмөк бар" дегендей көчүп келмей болдум. Эртеси эрте туруп пакеттерге салынган кийим-кече, идиш-аяктарды ар кимисине көтөртүп бир жеткирип, кайра келип жууркан-төшөктү тачкага жүктөп жатсак бири жеткирип барганбы, кожейке жетип келип жүз элүү сом үчүн жүгүмдү бербей койду. Канча жалдырадым, болбой койду. Аргам кеткенде:

- Жок дегенде бир дептерде ырларым бар эле, ошону алып алайын, - десем да көнбөй ажылдады:

- Жашап-жашап кете бересиңер.. Карызыңарды алып келип берсеңер алып кетесиңер.

- Бере берсең алып келип берет элем…

- Оо кайдан?! Билем, бир кетсеңер кайрылып келбейсиңер, - ал тачканын үстүндөгү жүктү өзү бошогон бөлмөгө киргизди. Тачканы бошотуп, "эми кете бергиле" дегендей кулпу салды да, кетип калды. Уулум экөөбүз жарты алакийизди сүйрөп кабат үйгө келдик.

- Кана көр-жер? - Айдана бизди көрүп эле сурады.

- Алып калды, - Мен улутуна, ызаланып ыйлагым келип турганын билгизбей жер карадым.

- Эми эмне кылабыз? - Айдана аргасыздана сүйлөдү.

- Эмне кылат элек, көрөбүз да?

Тепкич менен өйдө чыгып баратып көз жашымды шыпырып алдым. Ошондон беш-алты күн өтпөй Сажираны кайнагасы келип алып кетти. Үйгө чыгарбадым. Сындырым наным, же төшөөр төшөгүм болбосо. "Үйгө кириңиз" демиш болсом болбоду. Ичимден кубанып кеттим да, кызым менен неберемди узатып калдым. Апрель айынын суугунда терезе-каалгасы жок бөлмөдө, кладовкасына от жагып, чай кайнатып, тамак бышырабыз. Ыш, түтүн болуп жатып калат үйдүн ичи. Түнкүсүн кышкы кийимдерибизди жамынып жатабыз…

Мен үчүн 2003-жыл абдан оор жыл болду. "Жеңилбейм, жеңем" деген кайратымдан жазбадым. Оор күндү кимдер көрбөгөн. Чыдасаң, адам баласы баарына жетиши мүмкүн эмеспи. Канчалык оор турмушта жашап жатпайын, өзүмдү өзүм басынтууга жол бербедим.

Кайгырганым билип калса душманым,

Таба кылып, мыйыгынан күлбөсүн.

Кабак бүркөп, чөгүп кетсем санаага

Көрө албастар көтөрүлүп жүрбөсүн.

Ич түтөгөн арман толсо жүрөккө,

Сездирбеймин, күлүп-жайнап жеңейин.

Ушак кылып, мен жөнүндө сөз кылса

Көңүл бурбай тетир басып кетейин

деп уйкусуз түндөрдө ушул татаал тагдырымдын оор жылдары көкүрөгүмдөн кеткис болуп түбөлүк эсимде калаарына өзүмө өзүм ишендим. Жаман күндөрүн деги эле адам баласы баарына жеткен кезде көргөн түшүндөй унутуп калат эмеспизби: "Мен бул жашоомду сөзсүз китеп кылып жазам" деген ойдо болдум.

Аңгыча биринчи май келип калды. Ошол кезде мен катуу ооруп жаткам. Этим ысып, чабалактап жатсам коңшулар майрамга чогулуп жатышыптыр. Алар менин ооруп жатканымды көрүп акча чогултуп дары алып беришип, катарына кошуп алышты. Ошондо бир адамгерчиликтин улуу тоосун көрдүм, чын жүрөгүмдөн ыраазы болуп алкап отурдум. Көрсө бей-бечералардын арасында болот экен боор ооруган сезим. Балким колунда бар, чыкчырылган немелерге ооруп жатам десем боору оорур беле? Таң.

Май майрамын ортобуздагы улук нан менен тостук. Дүр-дүйнөнү толтурбасак да, дасторконубуз жадырап-жайнап, көңүлдүү отурдук, ырдап-бийлеп дегендей…

Алик дагы бир бөлмөнү ээлеген. Экөөбүз болгон элди чогултуп алып жыйын курдук. "Эмнеге бей-бечералардын үнү жогору жакка жетпейт? Эт комбинаты кезинде өкмөткө кызмат кылса, биз тезек терип жүрдүк беле?" деген суроону коюп, бул он-он беш жылдап бүтпөй, баңгилердин бомждордун жайына айланып, таштандыга толгон беш кабат үйдү өкмөттөн сурап кат жазууну кеңештик. Ал үчүн адегенде коом түзмөй болдук. Тогуз адамдан турган президиум ошол замат уюшулуп, коомубузга "Эл жакырчылыкка каршы" деп ат койдук да, ишке кирмей болдук.

- Эмесе туугандар, - деди бир канча жерлерди басып, эл менен иштешип калган Жаанбай Дадиев деген адам, - Биз эмне, өлкөбүздүн өгөй баласы белек? Ээн калган үйдү өкмөттөн суранабыз. Бир кезде биз колхоз-совхоздордо күндөп-түндөп кызмат кылганбыз.

- Туура, эт комбинатына этин жөнөтүп, малын багып, чөбүн чаап кызмат кылган эл четте калуубузга жол бербейбиз. Биздин да үлүшүбүз бар! - дедим мен.

- Ооба, мен далай жылы кой баккамын! - деди дагы бирөө. - Жүнүн, төлүн, этин милдеттенмеден ашыкча аткарып жүрүп, акыры ушул абалда отурам бала-чакам менен.

Чогулгандар улам биринен бири өтүп, армандарын айтып жатышты…

- Ырас айтасыңар, ар бирибиз өлкөбүзгө жан дилибиз менен кызмат кылганбыз. Эми чуулдаганда болбойт, азыр он тогуз адам болдук, мына бул бөлмөлөрдү толтуруп туруп, анан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бирдиктүү аракеттенишибиз керек, - дедим мен чуулдагандарды басуу үчүн колумду көтөрө.

Баягы, көпүрөдө соода кылган Карабекова Мизаркан эже дагы элдин арасында бар эле, ал да сөз алып:

- Алтымышка чыкканча өкмөттө иштегенмин, кызмат кылганмын. Балдар, бул оюңар абдан жакшы, эми бири-бирибизди жөлөп-таяп, ушул үйдү алууга аракет кылалы. Кана, ынтымактуу болуп, ишиңер илгени болсун! - деп бата берди. - Оомийин, жолуңар ачылсын!

- Оомийин, кудай буйруп үй колубузга тийсе жеңиш биздики! - деп чурулдап тарадык.

Бирок алдыда кандай тоскоолдуктар болоорун, алдым-жуттумдар арабыздан чыгып, эки жүздүүлүк арабызды бөлүп, бири-бирибизге душман болуп калаарыбызды анда бирөөбүз да сезбедик. Тек, бүгүн-эртең үй колубузга тийип калчудай кубанычта болуп турдук. Эртеси эле Женя деген аял ал үйгө табышмактуу адамдарды киргизе баштады. Көрсө башынан тажрыйбасы барлар арабызда экен, жоктон акча тапканды өздөштүргөн жандар уялып да койбойт тура. Документибиз бүтө электе эле ак үйгө кол коюп арыздарды таштадык деп ишенип жүрсөк биздин аты-жөнүбүз жок эле башка адамдардын тизмеси менен кирип атышыптыр. Женя бизге башка азырдын көчүрмөсүн көрсөтүп жүрө бериптир. Ошол жайда Насипа деген аял пайда болду. Женянын сиңдилери күндө түндөсү шарактап ырдап калышат, көрсө ар бир бөлмөнү сатып оңойдон акча таап чардап жатышыптыр. Алардын сырын өздөрү мас болуп алып урушканда гана билдим. Ошол түнү мен кичинекей колго жасап алган столдо отуруп алып жазып отурган элем:

- Эй Женя, он миңди сен албадың беле, сен төлөйсүң! - деп калды Жумакандын үнү.

- Жумакан эже, мен эмес, Элмира алган!

- Билбейм, иши кылып төлөйсүңөр!

- Көрөбүз ким төлөп ким жооп берээрин! - деп өздөрүнчө түнкү абаны жара ажылдаганы бешинчи кабаттагы менин кулагыма даана эле угулуп турду.

- Сенин чоруңду кетирип, жаңы кийим кийгизип койгонубуз күнөөбүз. Бутуңдагы өтүктү, көйнөктү кайдан кийдиң? Ошол акчадан кийгенсиң! - деп анан үндөрү угулбай калды.

Ойлонуп калдым: "Эмнеге эле күндө жаңы кишини киргизип кайра чыгара берет десе, көрсө булар улам акчаны көп бергенине үйдү бошотуп берип жүрүшкөн тура" деп баарын түшүнбөсөм да четин түшүнүүгө аракет кылып көрдүм. Бөлмөлөргө кирген адамдарды эки-үч күн келбей калса эле үйүн түндөп ачып кайра башкасын киргизгенин көрүп эле жүргөнбүз. Адегенде Женя:

- Эже, акимиатка, мэрияга, ак үйгө арыздарды жазып таштап койдум. Эми алардан жооп күтүп жатабыз, - деп кайрылып калды бир жолу.

- Жакшы кылыпсың. Ал арыздардын негизинде алар эт комбинатына кайрылат. Анан ага эмне дейт, эт комбинатынын иши.

- Ооба, башка жолдорун да издеп, үйдүн кимге тиешелүү экенин билүүгө тырышып жатабыз.

- Туура, бул территория эт комбинатына тиешелүү болгон менен, курулуш башка организацияныкы деп жатышат.

Экөөбүз үй тууралуу бир нече жолу сүйлөштүк. Бир күнү бешинчи кабатта отурсам Женя чакырып калды. Мен анын үйүнө келсем эки-үч аял бар экен. Таттуу-паттуу менен кошо вино коюп алып ичип отурушуптур.

- Оой Миргүл эже, келиңиз. Сизди келсин деп муну атайын буздурбай отурам, - Женя күлө столдун астынан ачыла элек винону алып чыкты.

- Алдын ала паралар келе баштадыбы? Үйсүздөрдү бекер киргизебиз дебедик беле? Минтип отурсаңар үйдү сатты деп күнөөлүү болооруңарды билесиңерби? - Мен отурбай жатып тийише сүйлөп, көрсөткөн орунга отурдум.

- Келиңиз эми, куру аякка бата жүрбөйт эмеспи, жакшы иш баштап жатыпсыңар, ошол ишиңер ийгиликтүү болсун деп эле мен алып келгем, - Гүлсүн деген келин күлө сүйлөп шакылдап калды.

- Ошентсе да… - Мен адамдардын назарын сындыргым келбей, ал сунган стакандагы винону алдым. - Адегенде ишти бүтүрүп жакшы жооп алып алсак, анан башкасы боло берет.

- Кудагыйым болот, Миргүл эже. Сиңдимдин кайнежеси, бүгүн келип калыптыр, - Женя актана сүйлөдү.

- Жакшы экен анда.

- Кана, Миргүл эже, сүйлөп койбойсузбу?

- Мейли эми, өзүңөр илик жаат экенсиңер, ынтымагыңар арта берсин, биздин ишибиз илгерилеп, тилегибиз орундалсын.

- Айтканыңыз келсин, - винону алып ийип, конфеттен закуска кылып, анан мен:

- Кой, менин жумушум калды, эмнеге чакырды деп эле келе калдым эле, силер отура бергиле, - деп ордуман турдум.

- Миргүл эже, бираз отурбайсызбы, барасыз да. Былтыркыдан калган жумуш болсо да кудай урбадыбы, - Женя мени отургузуп койду. - Кемеге түшкөндүн жаны бирге дейт эмеспи.

Көпкө отуруп, аркы-беркини сүйлөшүп анан кеттим. Алар калып калышты. Көрсө кудачасы Гүлсүн беш миң сом бериптир, дароо эле бир бөлмөнү бошотуп берип койду. Бирок анын жашаар жери, иштеген иши бар экен, көпкө чейин келбей койгондо ага Жаңыл деген келинди киргизип койгон Женя. Канча жолу урушуп-талаштык, баары бир көнгөн куулук-шумдугу ашынган адам болмок беле айтканга?

Гүлжан деген көлдүк аял келининин тоюнан ооз тийгизем деп бир тобубузду чакырып, анын үйүндө отурсак эле Жаңыл келип калды:

- Менин үйүмдү эмне башкага берип койгонсуңар? Келип урушуп жатат. Баскыла, үйдүн башын бошоткула!

- Эмнеге, ким талашат? - Мен эчтекеге түшүнбөй сураганча тойдун кешигинен анча-мынча ичип отургандар күүлөнүп калышты:

- Женя ким экен? Өз менчигиндей сатканга акысы жок да! Баскыла, ким талашканын көрөлү да, ажыратып берели! - Дүйшөн күпүлдөп калды.

- Ооба десең, көптү булар өздөрү билгендей сатып! Көрсөтүш керек ага!

Баарыбыз экинчи кабатка түшсөк баягы вино бузуп берген Гүлсүн экен.

- Керек болсо мен беш миң сом бергемин, сен виномду ичкенсиң! - деп мага аңкылдаса болобу?!

- Эй катын, ошондо эле айтпадым беле! "Кудачам болот" деп, акча бергениңди айткан эмессиң. Биерде сатыла турган үй жок. Көп балалуу, жалгыз бой энелер, инвалиддер гана кириши керек. Берген акчаңды Женядан алып ал! - деп мен да жөн калган жокмун.

Акыры Жаңылды киргизип, Гүлжандын даярдаган тамагын ичип, отурушту уланта баштадык. Ырдап отурдук, ыр кесе баштап:

- Эгерде үч дегенче ыр кесе келгениң баштабасаң бир бөтөлкө койосуң! - деп мен айттым эле, баары макул болду.

Кезек менен ырдап келип, Гүлмирага келгенде:

- Кана, үч дегенче баштап калбасаң бирөөнү дароо аракка жөнөт! - десем ал шашып кетип:

- Алдаба куру бекер сөзүң мене-ен! - деп ырдап ийсе кыраан-каткырык салып күлүп жибердик.

- Эмне күлөсүңөр? - Гүлмира кайра ырын токтотуп бизден сурап жүрөт.

- Эй, эй, сен токтобой ырда да, жарабайт мунуң, кана башта! - деди Гүлжан.

- Ырдабасаң берчү, биз ырдайлы, - деп калды Шакен. - Сени күтүп отура беребизби?

Биз дагы күлүп калдык. Анан Шакен ырдап кирди:

Толтура куй, бөксө жери калбасын,

Абайлап ич, тамчы жерге тамбасын.

Ичпейм деген баарыңарды кыйнайын, ээ-й!

Кол уялып, шагым сынып калбасын.

- Азамат, Шакен! Гүлмира, сен бир бөтөлкөгө жыгылдың! - дедим мен.

- Эмнеге, мен ырдап эле берем! - Гүлмира шаңкылдап койо берди:

Ырдап койчу, добушуңду угалы,

Сен ырдасаң биз кубанып туралы.

Аракты эле шыкай бербей баарына

Тамактан да ал деп турчу, ылайым!

Арак ичип кызып кала электе

Кана, достор, мен да ырдап калайын!

- Болду эми, кутулдуң, бер эми! - дедим эле:

- Ооба, ооба! Кутулду Гүлмира! Ай укмуш ырдайт турбайсыңбы, бу Төкөм сени кайда катып жүргөн ыя? - деп Дүйшөн бакылдап калды.

- "Элдин ичинде ырдабай жүр, көз тийет" деген, эми көзүңөр тийбегендей эле? - Гүлмира да жөн калбай күлө жооп берди тамашалап.

- Ай Дүйшөн, кимди карап сүйлөп жатасың ыя? Биякта мен турганда, - Мен аны тамашага чала карадым.

- Кечирип кой, Миргүлка, сенден башканы карабай калайын, - деп ал да тамашалап койду.

Деги эле тамашалашып көнүп калганбыз. Андан кийин Шакен ырдады. Ошентип таң сүрө баштады. Мизаркан эжеге келгенде:

Кызылдан курак курасам,

Кыялкеч келин мен алсам.

Келиним турса чай сунуп ий,

Керилип төрдө отурсам!

- деп ырдаганда жабыла кол чаап кубаттап калдык. Гүлжандын келин-уулуна батабызды берип, анан бешинчи кабатка чыгып таң атканда жаттык.

Женя келиптир бир күнү мага:

- Эже, мына буга кол коюп койуңуз, - деп.

- Ал эмне экен? - Эч нерсе оюмда жок эле сурап койдум.

- Беш кишини чыгара турган болдук.

- Ким-кимди?

- Азыр… - деп кайра чыгып кетти.

Мен Мизаркан эжеге бардым. Соода кылган жеринен жолугуп:

- Эже, Женя беш кишини чыгарат имиш, кимдерди чыгараарын мага айтпай кетип калды.

- Анын чыгара турган кандай акысы бар экен?

- Кайдан билем? Кечинде элди чогултуп, Женядан эмне иш кылып жатканын сураш керек.

- Мен барайын, анын тим эле атасын таанытабыз! Эч кимди чыгарууга акысы жок анын, - Эже да ачуусу келип калды.

Мен андан келип Женянын эшигин карасам кулпу турат, кайра үйгө бардым да эч нерсе кылалбай кыжаалат боло бердим. Мен анда мени чыгарат экен деген оюмда жок эле: "Бул шүмшүк бирин чыгарып, бирин киргизип каалагандай кылгыдай кандай акысы бар? Кимди чыгарам деп атат? Деги кандай акысы бар?" деп ойлоп атсам Анара келип калды:

- Эже, Женяга жолуктуңузбу?

- Эмне болду? - Мен эчтеке укпагандай болуп сурадым.

- Беш кишини чыгарабыз деп жатыптыр, - колдорунун салаасын санап кирди. - Мени, сизди, эжени, Аликти, анан Шакенди чыгарат имиш…

- Бул чечимди кимдер менен чыгарыптыр?

- Билбейм.

- Чогулуш болбосо, колго алынбаса, Женя өзү чечим чыгаргыдай ким болуп кетиптир?

- Кайдан билем? "Токтогулдуктарды жоготом" деп атыптыр.

- Токтогулдуктар ага эмне кылыптыр? Жез кемпирдей болуп беш кабат үйдүн босогосунда отурганда токтогулдуктар келип ага жээрине нан, кийээрине кийим таап берип койгону үчүнбү?

- Аны кайдан билем? - Анара бир аз туруп калды.

- Бүгүн жыйын курабыз. Ушулар жаман көптү. Сатканын сатып жегенин аш кыла бербей, изге тийишкенин кара.

- Эже, мени айтты дебеңиз, мен сизди билбейм, ишигылса, - Анара култуңдай чыгып кетти. Көрсө ал өзүн калп эле кошуп, бизди чыгарам дегенде Женяга акча берип дагы бир бөлмөнү алмак болуптур. Кечинде Мизаркан эже, базарда жүргөндөр келгенде астына, үстүнө чыгып атып болгон элди жыйдым.

- Мен силерден бир нерсени гана сурагым келет: мени баш кылып токтогулдуктарды чыгарууга кимиңер кол коюп, кимиңер макул болдуңар эле?

- Ким айтып жатат? - Бири кайра менден сурады.

- Женя токтогулдуктардан бешөөбүздү чыгарам деп жаткан тура.

- Чогулуш болбосо, эч ким катышпаса анын биердегилерди чыгарууга кандай акысы бар экен? - Шакен озунуп жиберди. - Өзү билгендей акысы жок!

- Ооба, акысы жок! - дешип чуулдаганда Жумакан элдин ичинен үн катты:

- Биз чыгарганбыз. Ал үчүн протокол толтуруп, бешөөнү чыгармак болдук!

- Эмнеге, ким катышты?

- Биз, биз деген киши эмеспизби? Жети киши катышып кол койгонбуз.

- Кайсы киши?

- Мен, Элмира, Жаанбай, Женя, дагы Насипа..

- Эй, силердин элге салбай туруп бирөөнү чыгарууга кандай акыңар бар, кимсиңер деги? - Дүйшөн чыкты бир жактан. - Булар үйдүн башын чыгарууга жүгүрбөй эле, үй сатып тойлоп жүрүшөт!

- Ооба, менин жана бешөөбүздүн үйүбүз сатыла элек, калган үйлөрдү кеминде ар бирин эки-үч жолу сатып бүттүңөр. Эми биздикин саткыла! Өзүңөрчө эле мафия турбайсыңарбы?! - Мен Жумаканды карап сүйлөдүм.

- Акыңар жок силердин! Силерди керек болсо сотко беребиз! Силерди чыгарабыз чындай келсе, Элмираны, Насипаны тааныбайбыз, билдиңби? - Мизаркан эже жулкуна колдорун серелетип кыйкырып кирди. - Силер кимсиңер ыя, киргизип-чыгара бергидей? Чогулуш жасап, президиумга тогуз киши шайлаганбыз. Насипа менен Элмираны тааныбайбыз, элге салабыз, - элге карады. - Кана, туура айтамбы?

- Туура, биз эч кимди тааныбайбыз да, эч кимди чыгарбайбыз!

- "Токтогулдук", "Оштук" деп бөлгөндү токтоткула!

- Эмнеге бизди тааныбайсыңар? Керек болсо биз жүгүрүп жатабыз! Биз кимди чыгарабыз десек, биз билебиз! - Аңгыча тиги жактан Элмира чыга калды. Насипа менен Нурила кошо келди, бир топ кызуу болуп алышыптыр.

- Эй, бизди тааныбайм деген ким ыя, иштин баарын биз бүтүрүп атсак, керек болсо баарыңар кетесиңер! Үйгө жалаң инвалиддерди киргизебиз! - Насипа ажылдап кирди.

- Туура, биз бүтүрүп жатабыз, - Элмира кошо ажылдаганда Мизаркан эже:

- Эй, силер кимсиңер ыя? Керек болсо биздин арабызда силер жоксуңар, биз силерди кууп чыгабыз! - дегенде эл чуулдап жиберди:

- Туура, бизге булардын кереги жок, бизге үй керек! Мындай аферисттердин кереги жок!

- Кереги жок, жоголсун! - дегенде Элмира:

- Баарыңарды биз кубалап чыгып, башкаларды киргизебиз! - дегенде Мизаркан эже анын жанына барып кыйкырып кирди. Мен дагы кыйкырып жаттым, баары ажылдаганда Элмира:

- Какбаш кемпир, элди бузуп-жарып жатасың! - деп эжени түртүп ийгенде ал аны жакалап кирди:

- Алдамчы, аферисттер, жоголгула! - деп ызылдашып эле калдык. Эки-экиден жулмалашып атканда элдин баары аларды жаалап, алар ого бетер беттери чыдабай ызасынан ажылдаша башташты. Женя кийин гана чыгып кошо алышып каллганда ары сүрүлүп, бери сүрүлүп жатып, анан Женя эжени түртүп жибергенде анын колу тийип жыгылган эжени аерден өйдө кылгыча тигилер житип жок болушту. Женяны эже арыз жазып, биз баарыбыз кол койдук да, участкалык милицияга берип койдук.

Ажылдашып үй үчүн убакыт короткон менен, жашоонун машакаты өзүнчө эле. Темир жолдон отун терип келип, ыш болсо да тамак жасап, чай кайнатып күн өтүп жатты. Бурул экөөбүз адегенде темир жолдон эски вагондордон, жерден алюминий менен жез теребиз, кечке жүрүп кайра кечинде өткөрүп тыйын-тыпыр кылып алып казаныбызды боркулдата кайнатып, "кедейдин бир тойгону - орто байыганы" деп жатып алабыз. Негизи эле захватта жашагандардын баары эле жашоолору бирдей болчу. Самсаалап захваттын балдары-кыздары темир жолдон отун терип келип түтөтүп оокаттарын өткөрүп жатышты. Чогулуп сүйлөшүп ток тарттырып алып, кичине адамдай жашоого өттүк. Күндө алюмин, жез терип тамагыбызды таап жеп, кыш келгенде бир топ эле оорлой түштү. Бурул экөөбүз кар кечип темир жолдон шимшилеп терип колдорубуз кармоого жарабай тоңуп калганда зымдарды өрттөп анан өткөрүп, кечинде келатып Фрунзе заводунун жанындагы 2-троллейбустун аялдамасынын кафесинен бир чайнектен чай ичип, жүз граммдан алабыз да, үйгө келебиз. Жашоонун кызыгы бирде жетип, бирде жетпей жашоодо болсо керек. Телегейибиз тегиз, көңүлүбүз ток, дасторконубузда наныбыз болгон соң биз өзүбүздү бактылуу сезебиз…

Арызыбыз каралып, тергөөчү келип калды. Баарыбызды чакырган экен, Женя бизден мурун кетти. Көрсө өзүнчө киши салып сүйлөшкөнгө аракет кылган экен. Мурун соттолуптур, биз ошондо гана билдик.

- Кана, эмне болду эле, айтыңыз? - Тергөөчү Мизаркан эжени карады.

- Мени сиңдиси Элмира экөөлөп жулмалап сабады. Соттотом, силер карабасаңар областтык сотко чейин барам! - Эже ачуусу менен айтты эле, тергөөчү:

- Эже, биз караган үчүн минтип тергеп жатпайбызбы. Эгер сиз кечирбейм, сүйлөшпөйм десеңиз, сотко ашырабыз, - деди.

- Сотко ашыргыла. Мындай аферисттердин элге кереги да жок, биз муну шайлабасак деле төрайыммын деп үйдүн баарын сатып, булар көөп атышат!

- Кайсыл үйдү? - Тергөөчү түшүнбөй сурады.

- Эт комбинатынын беш кабат үйүн жалаң бей-бечералар захват кылып алганбыз. Анан ошону өкмөттөн сурап кайрылып жатсак булар мафия экен, бир баштан сатып өздөрүнчө жыргап жатышат! - Мен далилдемек болуп айта койдум.

- Аа-аа, аны силерге бербейт, бекер эле ал үчүн урушуп-талашып жатасыңар.

Анын сөзүн жактыра бербей, мен:

- Берет, эмнеге бербейт экен? Биз деле Кыргызстандын жараныбыз. Чет өлкөдөн келгендер тайраңдап өз үй, өз мекениндей жашап жатса, бир кезде өкмөт үчүн кызмат кылгандар жетип баладай өгөйлөнүп калып калмак белек? Андан көрө сураарыңды сура, сенин ишиң башка, биз сенден эмес, өкмөттөн алабыз жоопту! - дедим эле, ал мени карап минтти:

- Кана, Карабекованы эже-сиңди уруп, жулмалап жатканда сиз дагы ошол жерде белеңиз?

- Баарыбыз бар болчубуз! - Беш-алтообуз жарыша үн каттык.

- Сиз берген арызыңызды туура деп ойлойсузбу, кайра албайсызбы? - Тергөөчү Мизаркан эжени карады.

- Жок айланайын, тупа туура деп ойлойм. Кайра алуу оюмда да жок!

- Анда бара бериңиздер, - Тергөөчү алдындагы кагазына бирдемелерди чиймелеп жатканда биз түртүшүп чыга баштадык, - Шаменованы кир деп койуңуздар!

Биз аны айтып коюп кете бердик. Эмне болгонун ал бизге айтпады, биз сурабадык.

Ошентип убакыт өтүп, бир айдан кийин сотко бардык. Сотто күнөөлүү деп табылган Шаменова кирип келип эле ыйлап калды. Биз кезде Базаркулов деген кирип келип эле:

- Урматтуу сот, мен сиздерден кечирип сурайм, жоопкер Шаменова Жылдыздын кечээ күнү интернаттагы баласы кайтыш болгондугуна байланыштуу бүгүнчө сотту токтотушуңуздарды өтүнөм! - деп калды.

- Кандай эле баласы өлөт экен?

- Калп! - деп биз жабыла бергенде сот биздин чурулдагыбызды токтотууга аракеттенди. Унчукпай калдык.

- Бүгүнкү сот жабык. Шаменова баласын жашырып алганга уруксат берет!

Сот ушинткенде аргасыз бири-бирибизди карап тим болуп залдан чыктык да, Женяга көңүл айта баштадык:

- Кырк жылы кырылышсак да өлүмдү кекете албайбыз, ажал улук. Кайгырба эми, Женя, кайрат кыл!

- Ал кайсы балаң ыя? Үч балаңды, кызыңды билебиз.

- Балдар үйүндө болчу, майып болуп калган.

Женя чындап эле ыйлап жатты. Этажга келип элди чогултуп, алардан акча жыйнап, баласын балдар үйүнөн алып келип койгонго жардам бермек болдук. Эл деген эл да, каршы болгон жок. Эртең чогултмай болуп жай-жайыбызга тарадык.

Түн бироокумда Мизаркан эже келиптир:

- Ай Миргүл, тур. Тиги Женянын баласы өлбөптүр!

- Кантип? - Мен уйкусурай өйдө болуп сурадым.

- Жалган экен, азыр өзү мага келиптир. "Менин балам өлбөптүр, анын ордуна Элмиранын төрөгөн баласы төрөгөн баласы чарчап калды, мүрзө сатып алып ошону койбойлубу?" деп келиптир.

- Эмне, Шаршенбек баласын койгонго жарабай калыптырбы?

- Билбейм шүмшүктөрдүн эмне ойлогонун. Көрсө сотту бузууга жасаган аракеттери тура. Муну жөн калтырбашыбыз керек, ушул бойдон жоопсуз калабы?

- Жоопсуз калбайт, эже. Дал ошол соттун өзүнө булардын ойноп жаткан драмасын ачык айтабыз.

- Сөзсүз ошентиш керек, анткени бул жазасыз калам деп ойлоп жатат окшойт.

Экөөбүз сүйлөшүп отурганда таң кылайып агарып да кетти. Ээрчишип Анарага барып, аны менен сүйлөштүк. Күн көтөрүлгөндө он чакты аял сүйлөшүп турсак Казыбектин аялы Чолпон:

- Мунун бир баласын Элмира багып жүргөндө чарчап калып, экөө бет карашпай калышкан. Андан башка балдар үйүндө баласы жок болчу, - деди акырын сүйлөп.

Чогулуп алып Женянын үйүнө бардык. Жаңы эле туруп жыйынып жаткан экен, бизди көрүп өзү сестене түштү:

- Келгиле, киргиле…

- Келдик. Аферист деген сотту да алдайт тура. Биз сенин сиңдиңдин өлгөн баласын койгудай ким экенбиз? Уятыңар барбы деги? Элдин каргышы тийген сиңдиңдин бизге кереги жок! - Мизаркан эже ачуулана сүйлөнүп жатты. - Ой тобо-о, түндө барыптыр Женя мага: "менин балам тирүү, акча чогултуп сиңдимдин баласын коюп койбойлубу?" деп. Сотко баш-отуң менен жооп бересиң!

- Жооп берет да, күнөөлүү жазасыз калбайт!

- Уялбайсыңбы ыя? Качанкы өлгөн балаңдын арбагын тынч жаткырсаң боло, ошонун арбагы сени кечиреби?

- Ошону айтсаң, - деп ар кимибиз жаалап, соттун эшигине, тергөөчүгө барып кайрадан сотко бердик.

Ошентип Шаменова Жылдызды Карабекова Мизаркандын денсоолугуна жеңил жаракат келтиргендиги үчүн бир жылга үй түрмөгө кестирдик. Бирок ал өз ишин уланта берди, көнгөн адат калмак беле?

Дагы бир күнү Ажыканов Эсенбек деген азиз адам мен үйдө отурсам келиптир. Көрсө анын үйүн Касипа он миңге бирөөгө сыртынан сатып ийип, чыгарганы жатыптыр. Чогулуп экинчи кабатка түштүк. Эл чогулуп ызылдап жатыптыр. Мен барып эле:

- Кана ким экен инвалид, болгондо да биринчи топтогу майыптын үйүн талашууга кимдин акысы бар экен? - дегенимде Касипа алдыман чыга калып жаакка чаап ийип жүрөт. Мен ага ачуум менен кыйкырып кирдим. - Эй жалап, улуу-кичүүнү ылгабаган сойку, алган акчаңды актагың келсе өз үйүңдү бер, инвалиддин үйүнө тийишпе! - деп экөөбүз тирелише кеткенде Касипанын баласы келип калды. Акыры Касипа менен келгендер үндөй албай басып кетишти. Эсен аке рахматын айтып кала берди.

Канткен менен ызылдашып: "Бекер кепин табылса өлмөк бар" деп жашап жаттык. Аңгыча Жаңы Жыл келип, Гүлмира, мен, Шакен, Гүлжан болуп Дүйшөндүн үйүнөн тосуп калдык. Алар биринчи кабатта болчу. Саат он экиде шампанды аттырып эшикте жүрдүк. Баарыбыз кызуубуз. Кайрадан камокторго барып суусундук менен арак алып келип отурушту уланттык. Түнү менен отуруп, эртеси кайра баштадык. Үч-төрт күн майрамдадык…

Баарыбыздын жашообузга оорчулук келе баштады. Күндө алюминий тергенге кардан эчтеке көрүнбөйт. Анан мен, Гүлжан, Шакен, Гүлмира болуп темир тере баштадык. Кээде бардарды ээрчитип алып оор темирлерди ташытып алабыз. Бул жагынан тажрыйбасы бар Гүлжан таң эрте машина таап келет да, жүктөп алып Кыргыз темирге алып барып өткөрөбүз. Күн суук болсо деле иштегенде ысып сырткы кийимибизди чечип койобуз. Бара-бара темирдин кенин таап алдык да, түндөп иштеп калдык. Короонун сыртына Гүлмираны кароолчулукка коюп, биз улам сыртка ыргытып турабыз. Бир күнү Гүлмира:

- Мен кароолчу болбойм, кирип темир терем! - деп болбой койду.

- Анда Шакен сен карап тур, кокус бир шыбырт болсо үнүңдү чыгарбай эле ышкырып же алакан чаап кой, - дедим мен.

Биз жанталашып бир жерден майда тетиктерди таап алып мүшөк менен ташып жатканбыз. Бир машина келип токтоп калды. Көрсө оперлер экен. Бириси келип бизди кычыратып калды:

- Жүргүлө бөлүмгө, биздин жумушубуз ушундай, силер уурдап жатасыңар, бизге түшүнүк жазасыңар.

- Кой айланайын, биз деле аргасыз ушинтип жатабыз, болбосо жылуу-жумшак үйдө отурбайт белек.

- Ооба десең, көпкөнүбүздөн темир терип жаткан жокпуз, бизди кечирип кой айланайын. Силерди деле түшүнөбүз, суукта үйүңөргө жатпай элдин тынчтыгын сактап жүрөсүңөр. Андан көрө чай ичип койгула, - деп мен чөнтөгүмдөн эки жүз сомду тигинин чөнтөгүнө салдым. Ал ага алымсынбай:

- Эже, ушу кантип болсун? Өзүңөр деле түшүнсөңөр, эгерде дагы иштей турган болсоңор ар бир иштегениңерде "ставка" койом, беш жүздөн бересиңер. Болбосо бөлүмгө барасыңар.

- Болуптур, биз макулбуз. Азыр болгону ушул эле, чай ичип койгула. Эртеңден ары сүйлөшкөндөй болот, - Мен анын колун кармай макулдашканда Шакен тамашалай аны ары жетеледи:

- Жүрчү, жүрчү биякка, экөөбүз сүйлөшөлү, - Ары карай жетелеп кеткенде Гүлмира күлүп калды:

- Эй Шакен, ставканы жойдуруп койсоң жакшы болот эле.

- Ошону айтсаң, - Гүлжан коштоп койду.

- Жаш болсом бир жөн, болбойт го? - деп Шакен күлө кайра келди. Аларды жөнөтүп коюп камокко келдик. Төртөөбүз бири-бирибизди карап калдык.

- Жүрөк түшүп калды, кичине көтөрүп албасак болбойт, - Шакен куудулдана сүйлөдү.

- Чын эле ай. Махабат, келе мага бир бөтөлкө, бир суу, анан колбасадан бер, эртең темир өткөрүп берем! - деди Гүлжан.

Каткырып күлүп, опертоптун балдарын, андагы кашка баш кишини айтып бир сыйра жыргап алдык. Бат эле бир бөтөлкө түгөнүп, "нидогонка" болуп кайра мен дагы алдым. Ар бирибиз колбасасы менен арак алып ичип атып, эртең темир өткөрүп бермей болуп алагүү болуп барып, темирди уктабай жыйнап, саат сегизге темирди өткөрүп келип калдык. Ар бирибизге беш-алты жүздөн туура келди. Ошол акчабыз кайра кечке жетпей калат. Темирдин эсебинен карыз алып камокторго карыз болобуз да, төгүп беребиз. Күндө үшүйбүз деген шылтоо менен көнгөн адатыбызча карыздап манты же колбасаны закуска кылып, арактан басып алабыз дагы, темирге кетебиз. Бир-эки ай ошентип жүрүп, темир дагы түгөнчүдөй болду.

Төртөөбүзгө бир күнү Айдананы кошуп алдык. Ошол түнү үч тонна терип коюптурбуз, эртеси бешөөбүзгө беш жүздөн тийди. Айдананын боюнча бар болчу, эртеси кошподук. Анын үстүнө ал кошулса иче албай калат экенбиз. Адегенде камокко барып дагы ар бирибизге жаздырып ичип алдык. Анан тааныштар келип калып алар бизге бирди бузуп берди эле, иштемек турсун аябай мас болуп калдык да, көчөнү жаңырта ырдап атып Гүлжан экөөбүз уруша кеттик. Экөөбүз тең мас болгон соң эртеси эле табышып алып:

- Кой ай, биз көп ичип жатабыз, токтотуп иштебесек болбойт, - Гүлжан кейий сүйлөдү. - Балдарга жаман көрүнүп калбайлы.

- Чын эле, бирок баш жазбасак болбойт го, менин башым ооруп атат, силер ичпесеңер койгула, мен азыр жүз грамм ичем! - Гүлмира камокту көздөй жөнөдү.

- Менин деле башым ооруп турат, жүргүлө, баары бир оңолуп албасак болбойт! - дедим мен.

- Аракты таштаганыңарды көрөм. Накуштанбай баскылачы жүздөн ичип алып иштейбиз, - Шакен дагы биз менен басканда Гүлжан аргасыз биздин артыбыздан келди. Чогуу келсек Махабат:

- Сиздер кайдагы темирди терип атасыздар? Талаада темир жок деп атышат, сиздер түндөп эле эки тонна, үч тонна өткөрдүк деп каласыздар, - деп күлүп бизди карады.

- Союз убагында жерге көмүп койгонбуз, бир кезде кереги тиейт деп, - Мен каткырып калдым. - Туурабы ыя, достор?

- Ананчы, биз көлдөн, бул экөө Токтогулдан келип ушул замандын болоорун билип бекитип койгонбуз да, - Шакен куудулдана калды. - Чынбы, билгенбиз да талаада темир калбай калаарын?

- Ошондо билип туруп жакшы бекитип коюптурбуз, - Гүлжан дагы кошулуп күлүп калдык.

- Мен айтпасам силер анда эчтекени билмек эмессиңер, баарына үйрөткөн мен! - Гүлмира ушинткенде Махабат:

- Сиздер жаман тамашакөй анан аябай ынтымактуусуздар, ээ? - деп калды.

- Болбойсуңбу эми, берчүңдү бер, биз кетели, - Гүлжан аны шаштырып кирди. - Булардын жумуру кургап баратат.

- Сенчи, жөн эле жибектей эле созулуп калдыңбы? - Мен аны карадым.

- Ошону айтсаң, өзүн жакшы киши көрсөтүп, бизди алкаш кылып койбодубу? - Шакен дагы мени жиреди.

- Айта берет да, бизден мурун өзү өлгөнү турат, - Гүлмира Махабатка карап, - бол эрте, Махабат, жумуру кургап калгандарга куй, сопусунган Гүлжанга өзү сураса анан беребиз.

- Бербей дагы койобуз, керек болсо, - деп Шакен атайын ажыкыстанганда:

- Ичпей эле койдум, силер эле ичкиле, - деди Гүлжан.

Ошентип атып бир бөтөлкөнү ичтик дагы, кайра эки бөтөлкө, суу, колбаса, нан кылып көтөрүп кеттик.

Кечке сырттан, темир жолдон чогултуп атып, кечинде кайра кирдик заводго. Эч алып бир бөтөлкөнү бөлө тартып, анан ишке кириштик. Түнү менен чогултуп дагы эртеси өткөрдүк. Андан кийин темир түгөнүп калды. Айдана экөөбүз андан кийин бир түнү чыгып экөөлөп терип, таң ата машинага жүктөп мен өткөрүп келдим. Сегиз жүз жетимиш кил болду. Эки миң эки жүз сом болду. Аны менен бир-эки төшөк жасап бир топ ирденип алдык.

Женя бир күнү баарыбызды чогултуп, "Зеңги баба" деген коомдун төрайымы менен таанышканын айтып келип:

- Эртең алар конокко келет, эки жакты тазалайлы. Алар менен иштешсек үйдү алганга жардам берет, - деди.

- Эмне кылсаңар ошо кылгыла, менин ишим да жок, - Мен кирип кеттим.

Эртеси үч-төрт аял келгенде кабат үйдүн алдына стол коюп жасап атышты. Мен басып барбадым, баягы бойдон Женя менен сүйлөшпөй калгам. Ал турсун анын кылык-жоругун гезитке берем деп "Алданган эл, аферист төрайым" деген макала жазсам Жаанбай аке:

- Айла-анайын карындашым, акындын жүрөгү назик болот. Сен кечиримдүү бол, ал иттик кылса да сен адамгерчилигиңден тайба, - дегенинен мен ойлонуп калдым.

- Байке, анан ошонуку жакшыбы? Токтогулдуктар ага эмне кылды эле? Журт кайтарган жез кемпирдей болуп отурганда Алик экөөбүз ойлоп таап, коом түзөлү деген такилип киргизген биз эмес белек? Билесиз, мени "жүгүр, өзүң аракет кыл" дегениңерде менин шартым, паспортум жок болуп калбадыбы? Кичине киши катарына кошулуп алганда өзүндөй эле бей-бечераны колдоп, көтөрмөлөгөндүн ордуна кайра мага душман болуп чыга келгени эмнеси? "Үй сатыпсың, мага бөлүш" деп жаткан жокмун, баары көз алдыбызда өтүп жатат.

- Туура, баарыбыз көрүп-билип эле турабыз. Айтканда эмне, эсиң бар, ал жиндини тим кой, иши кылып үй колго тийсе эле болду, - деп бал тилге салып мени тынчтандырды. Деги эле Жаанбай байкенин Женялар менен чогуу экенин билсем да ызы-чуудан алыс болгум келди. Зеңги-Бабанын төрайымы Соня Тотонова келиптир. Мен бешинчи кабаттагы терезеден карап турдум. Касипа куйтуңдап кошо жүрөт. Женянын жасалма документ менен жүргөнүн айтып, минюсттан текшертип жаткам. Чогулуш болуп жатты. Бир убакта мени чакырып калды, түшүп барып Соня менен учураштым.

- Кандайсыңар, силер жөнүндө Женя мага айткан. Ишти жакшы баштапсыңар, ынтымак менен аягына чыгышыңар керек, - деди Соня мага.

- Ынтымактуу бололу деп бул ишти так токтогулдуктар баштаганбыз. Бирок наржагында баары бар, ишти өнүктүрүп кеткенге маш болуп бүткөндөр элдин ыркын бузуп экиге бөлө баштады. Менде күнөө барбы, айткылачы? - деп отургандарды карадым. - Керек болсо жалган документ менен жүрөт!

- Жо-ок, күнөө Женяда!

- Касипаларда, - дешти отурган эл.

Ошондо Касипа мага келип, калп күлө кулжуңдап:

- Биз теңтушпуз ээ, Миргүл? - деп кучактай өөп калды, - Койчу эми, - Женяга карады, - Женя, алып келчи, документти Миргүлгө көрсөтчү!

- Мына, Миргүл эже, көрсөңүз, мен баарын тууралагамын, - Женя Кызыл күбөлүктү алып келип мага ачып көрсөткөндө:

- Мага көрсөткөндө эмне, Жунусова Айгүлдүн колусуз эч нерсе кыла айбайсың! - деп карабай эл арасына өткөнүмдө Жумакан жасакерлене:

- Миргүл эжемин чесныйлыгын билебиз да, эжем ак көңүл, - деди мени кучактай.

- Канчадасың? - Соня мени карай суроо берди.

- Кырк алтыдамын.

- Оой кокуй десе, менден кичүү экенсиң. Эже деп койгонумду кара, кел сен мени Соня эле дей бер, таанышып жүрөлү, - деп ал офисинин телефонун берди.

Жыйын бүтүп, өз үйлөрүбүзгө кирдик. Женя Соняларды коноктомок болуп мени жүр дегенинен болбой койдум. Мизаркан эже жумушунда болчу, кечинде ага баарын айтып, Анара, Шакен, Гүлжан, Гүлмира, мен болуп эженикинде отурдук. Анара бизге да, аларга да кошулуп жүрдү. Билгизбейин дегени менен, билип эле жүргөнбүз. Кайсыл жагында жеңиш болсо, ошол жагына ооп кетмек болуп, эт менен челдин ортосунда жүргөндөрдүн ичинде болчу. Мен эмне болсо эле бетке айтып чыга калып бир тобуна жаксам, бир тобуна жакпай да жүрдүм. Ал жердеги үйү жок, эптеп күн өткөргөндөр үчүн бир гана максат болсо, ортодо элди эки бөлүп өз өкүмүн жүргүзгөндөр элдин ачуусуна тийип, бир жагынан жашоодон кыйналып үйлүү болсок дегенде эки көзү төрт болгондорду булар куйтуланып ар кайсыны бир айтып башын айланткандарын токтотподу.

Соня келип бир нече жолу эски кийимдерден жардам берип турду. Эки-үч жолу мен офисине барсам каалаганымды тандап алууга уруксат берип, жакшы мамиледе болуп калдык. Соня абдан мүнөзү жумшак, адамга мамиле кыла билген аял, балким көп эл менен иштешип жүрүп адамдардын психикасын терең түшүнүп калгандыкыдыр. Кыскасы ал бизге, Мизаркан эжеге абдан жакшы мамиледе болуп жүрдү. Соня менен иштеп жүрчү Зейнеп, Зуура дегендер да жакшы тааныш эле…

Жердешим Сайыпжамал да ошо биз жашап жүргөн үйдө турчу экен. Ал бизден мурда барыптыр аерге. Ал мени көрүп таанып, "эже" деп калчу. Баласы жети-сегиз жаштарда болчу. Көп ичип кетиптир. Эч кимге дагы кошулган жок. Женя аны:

- Ичип алып скандал кылгандардын кереги жок, чыгарабыз, - дегенде мен аны менен айтыша кеттим:

- Эмнеге чыгарасың? Ал дагы турмуштун оорчулугунан ушул абалга келген экен. Сен билсең, Женя, анын ата-бабасы жакшы болчу. Билбейм, эмнеге ушул абалда калганын, - деп урушуп жүрсөм, тиги байкуштун "күйөөм" деп жашап жүргөн жигитине Женянын көзү түшкөнбү, аны үйүнө киргизип алыптыр. Сайыпжамалдын баласы көчөгө чыгып өтүк майлап таап келгенин апасы аракка жумшап койот экен. Абалы өтө начар, көчөдөгү бомждордон айырмасы жок. Эмнеге адам баласы болоор-болбосту көтөрө албай өзүн таштап койоруна көзүм жетпей Сайыпжамалга таң калып, анын жаш кезиндеги жаркылдаган жакшынакай кезин көз алдыма келтирип: "Эмнеге? Жакшынакай эле кыз эле, төркүндөрү деле аттуу-баштуу.. 'Тынган кыз барктуу, тынбаган кыз кадыры жок' дегендей, карабай коюшкан экен да" деп ойлоп жүрөгүм зыркырап атты… Өзүмдү ойлойм: кыйын күндө жөлөк болоор эч ким болбогондо да намысымды кетирбегенге аракет кылып, өзүмдү өзүм сооротконмун. Балким мен да ичип кетмектирмин, бирок эмне тапмакмын?! Айткылачы адамдар, неге эркибизди башкара албай, ушунчалык абалга келебиз?! Жарыкчылыктын бир келген ырахатын көрбөй катардан чыгып калууга кантип өз жаштыгыңарды, кайран жанды курмандыкка чаласыңар?! Кудай берген бир үзүм бакыт - аманчылыгың эмеспи?!!

Ошондон кийин Сайыпжамалды көрбөдүм. Биринчи майда чогуу отуруп, анын мукамдуу үнүн угуп баарыбыз кубаттап шатырата кол чапкан элек. Ал ушу менден тартынып кетип калды окшойт. Кээ кээде баласынын жолдо өтүк майлап отурганын көрүп калам, апасын сурасам: "үйдө" деп гана башын жерге салып койот…

Биздин жашоо ошентип кылдырап өтө берди. Акимиаттан киши келип үйдүн эки жагын көрүп кетишти. Ого бетер үмүттөнүп калдык. Аңгыча менин китебим чыгып калды. Курдаштарым болуп майлап жатып калдык. Сүрөткө түштүк. Ар кимиси менин китебимди куттуктап улам бирден бөтөлкө алып келе берип үч-төрт күн катары менен көзүм ачылбай калыптыр. Жүрөгүм кармап валерианка менен эс алгандан кийин гана ичкенди токтоттум. Ичсе иче бере турганмын, өзүңө нысап бербесе кыйын экен да. Андан кийин дагы захватта жашап жатканымды билген тааныштарым, курбуларым куттуктап келип жатты. Аргасыз алардын көңүлүн кыялбай ичип, аларга кайра "ответ" кылып отуруп бир айга чамалап кетти. Өзүмө келүүгө аракеттенип мончого барып келдим да, сергип жумушка кириштим. Менин жумушум үйдөгү гана тиричилик, анан алюминий терип күнүмдүк оокатты таап, жан багуунун камы эле. Соода кылганга жолум болбоду. Самса, пирожки сатып да көрдүм, өтпөй калганын жеп алабыз. Китептерим жакшы өтүп, эл арасында, китеп базарында сөз болгонун угуп, Жаныбек Жанызак келип мен жөнүндө "Агым" гезитине чо-оң макала жазып, экинчи китебимди чыгарууга "Бийиктик" басмасына сүйлөшүп берди. Жарык жок, шам менен жазган колжазмамды ага бердим. Ал ортодо Айдананын айы-күнү жетейин деп калган, мен жокто ал тачкага темир жүктөп алса аны Фрунзе заводунун кызматкери кармап алыптыр, издеп барып алардын алдынан чыктым.

- Эмне болду? Үйдө эле отурбайт белең? - дедим мен аны көрө сала.

- Жөн отургуча… Анан төрөсөм акча керек болобу деп темирге чыккам, бир жерде үйүлгөн темирди жүктөп алсам кармап алды.

- Эми эмне болот, милицияга алып барса уят болобуз го?

- Өлүп кетсин, мен уурдаган жокмун, эмне кылып алат эле? - Айдана моюн бербей койду.

Тиги киши бизди болбой №1 ГОМго алып барды. Аны угуп мени сыйлагандар, коңшуларым менен курбуларым келип ажылдап жатты:

- Заводго киргенин көрүптүрбү?

- Боюнда бар аялды кармап отурганыңар кантип болсун?

- Койо бергиле, биз биерден кетпейбиз! - дешип ажылдашканына милициядагылар эч болбоду, ГОМдон чыгарбай коюшту. Камайбыз деп, бирок камай алышкан жок. Бир кезде оюма Жаныбек Жанызак келди да, анын үйүнө чалдым. Ал менден "китептериң калды беле?" деп сурады. "Бирөө эле бар" деп ачыгын айттым эле, "Эч кимге бербей тур, мен эртең менен эрте барам" деп, телефонду койду. Кайра милицияларга кирсем, айласы жок Айдананы "эртең кел" деп койо беришти. Эртеси эрте Жаныбек Жанызак, Мелис Арыпбек деген атактуу журналист-акыйкатчы жана Кудус Койчу деген жазуучулар келишип, мен Мелис Арыпбекке кечээги айткан жалгыз китебимди бердим. Саат тогузда ГОМдо болдук. ГОМдун начальнигине чогуу кирдик. Айдананы ээрчитип алгам.

- Атсалоому алейкум! - Мелис начальник менен учурашты.

- Аллеким салам! - Ал тура калып кол берди.

- Тууган, мени билесиңби?

- Тааныйм, - Ал күлө жооп берди.

- А бул кишини, эжеңдичи?

- Байкени да тааныйм, эжени да…

- Бул эжең.., - Мелис мени көрсөтө, китепти начальниктин алдына таштады, - Эжең мына мындай киши. Эмнеге кызын кармап атасыңар?

- Байке…

- Болбойт, уят, намыс керек. Кыргыздын мындай кыздарын сыйлашыңар керек!

- Болду-болду, байке, экинчи мындай болбойт, бара берсин!

- Карачы, бүгүн-эртең төрөгөнү турган келиндин балээсине калгыңар келип жүрөбү?

- Жок-жок, байке. Айттым го, бара берсин, экинчи мындай болбойт! - деп ГОМдун начальниги ордунан туруп Айданага карады. - Чоң кыз, бара бер, балдарга мен айтып койом.

Биз эшикке чыгып кеттик. Алар аны менен сүйлөшүп анан чыгышты. Мен ырахматымды айтып, коштоштум. Бул жолу кызым экөөбүз тең темир тербеске өз ичибизден тобо кылып баратканыбызда:

- Эже, тиги темириңиздерди ала кеткиле, - деп участковый менен эки-үч милиционер артыбыздан кыйкырып калды. Тачканы бошотуп алып кеттик.

Жазга маал болуп калган. Бурул келиптир, алюминий терели деп. Мен дагы акчадан кыйналып жаткан элем, дароо макул болдум. Жакында Нооруз майрамы келсе балдарды томсортпой эл катары болсун деген ойдо биз темир жолго жөнөдүк. Жаздын башталышы кыштын кетиши болуп бети-колду тызылдаткан суукка карабай, тоок жем издеп кар тепкилегендей биз дагы бузулуп ар жерде эшик-терезеси бириндеген поезддин сыныктарын кардын астынан тээп чыгарып алып, зымдарын, жарабай калган алюминдерин чыгарып жүрөбүз. Буту-колубуздун тоңгонуна кайылбыз, эптеп кечкиге чейин бирдеме табууга милдеттенгендей экөөбүз эки жерде иштеп жатабыз. Темирди көрсөк аны дагы чогултуп койом. Эки-үч күн жакшы иштедик. Кароолчусу көрүп калып урушканда:

- Эмне каралбай жерде жаткан немеңерди да кызганасыңар? Элдин ач-жылаңач, кароосуз өлгөнүнө дагы карабайсыңар, силердин кардыңар ток, биз менен ишиңер жок! - деп мен кыйкырдым.

- Кандай ишиңер бар? Иштегиле, соода кылгыла!

- Сен берчи соода кыла турган акчаны, - деди Бурул.

- Эй силер кызыксыңар го, мен бермек белем акчаны, таап алгыла! - деп ары карай басып кетти. Ары жактан дагы бирөө басып келди:

- Алюминий керекпи? Бириң жүргүлө, азыр мен берем, - дейт ал мылжыя күлүп.

- Өзүңө буйрусун, - дедим мен жиним келе. - Өз мээнетибиз менен таап алабыз.

- Чын айтам, силер жакшылап сүйлөшсөңөр мен көп берем!

- Эй, оозуңду жаап кал азыр, шакабаңды көрсөтүп койбойлу? Сүйлөшчүлүгүн кара мунун.

- Болбосо милиция чакырып туруп салып берип койом!

- Киши өлтүрүп же жарактуу буюм албагандан кийин эмнеден коркобуз, чакыра бер! - дедим мен өчөшө. Ал дагы басып кетти. Эч ким келген жок, жараксыз темирлерди карап жүргөнүбүздү баары бир билет. Бизден башка да самсаалап жүргөндөр толо болчу. Отун терип, темир чогулткандар жүрөт. Кенебей кечке зым, майда алюминдерди чогултуп, кечинде үйгө келебиз. Ноорузга эки күн калганда деле жүрдүк ошол жерде. Нооруз күнү мен чогуу отурган курбуларымдан бөлүнүп кызуу абалда кечээги көргөн алюминийди чыгарып алууга жөнөмөк болгондо баары каршы болушту:

- Койсоңчу, бүгүн үйдө эле бол. Майрамдап эс алып, кийин барасың.

- Жо-ок, бүгүн сөзсүз барышым керек, бекитип койгомун.

- Барба, өзүң кызуу болсоң кантип иштемек элең? - Мизаркан эже мени жибербегенге аракет кылды. - Кой, эс алып майрамдап, көңүл ачып, бир-эки күндөн кийин деле барасың. Айланайын, кой дегенде коюп кал! - дегенине болбодум.

- Жок, эже, бүгүн барбасам бекиткенимди алып кетет!

Мен шашып чыгып кеттим. Көрсө ошондо мени шайтан айдап турса керек. Эч кимисине, ойноп-күлүп майрамдап отурууга да көңүлүм чаппай кызуулук менен кетип калдым. Бир топ жерге баргандан кийин үн чыкканынан карасам Бурул келе жатыптыр. Чогуу отурганбыз, бүгүн майрамда эч ким жок иштеп алалы деген ойдо токтоп экөөбүз бирге барып иштей баштадык. Эки-үч сааттай болуп калган, мен чогулткан алюминдеримди бир баштыкка салып бир жерге киши көрбөгөндөй кылып коюп кайра дагы эски сынып жаткан вагондун каалга-терезесиндеги алюминдерди чыгарып жатсам үч киши келип калды. Менин жанымда Бурулдун баштыгы турган:

- Эмне кылып жүрөсүңөр? - Алардын бири мени карай суроо узатты.

- Көрүп турбайсыңарбы, жердеги сынган эшиктердин алюминин эле чыгарып жатабыз.

- Ким уруксат берди?

- Эч ким. Жарабаган нерсеге деле тырыша бергениңер жаман. Эмне болуптур, башка эч нерсеге тийген жокпуз.

Бири баштыкты оодарып андагы кычкач, отвертка, балкаларды көрүп кайра мага бурулду?

- Булар кимдики?

- Биздики.

- Эмнеге алып жүрөсүңөр?

- Майда-чүйдө зымдарды кесебиз, - Мен чынымды айттым.

- Жүргүлө, бөлүмгө барып түшүнүк жазып бересиңер!

- Эч жакка барбайм. Мен эмне кылыптырмын? Жаңы нерсеге тийбегенден кийин жөн эле койбойсуңарбы?

- Болбойт, жүрүңүздөр биз менен, - деп ары жакта селдейе карап турган Бурулду таппай калды. Көрсө ал мени менен алаксып атышканда качып кетиптир. Анын баштыгын мага көтөртүп коюшту. Ичинде бир жарым мент келген жука алюмин бар эле, болгон шылтоосу ошо болду. Мен алар менен барып түшүнүк жаздым. Ошол бир жарым метр келген алюмин 100 грамм деле чыкмак эмес. Эгер андан көп таап алса эмне кылаарын ким билет. Ичкеним тарап калган. Бүгүн чыкканыма, тил албаганыма өкүнүп жаттым. Койо беришпей, кеч кирип кетти. Бекиткен алюминди баары бир Бурул алаарын билдим. Ал аны каерге койгонумду көргөн эле да. Ошентип күүгүм кирди, артымдан эч ким келбеди.

Күүгүм киргенде:

- Камерага алпарып кой, - деди начальниги мени. Бир милиционер мени:

- Жүрүңүз, - дегенинен:

- Мен кете берейин, эртең менен өзүм келем, - деп ыйласам да болбоду.

Тим эле контробандистти же киши өлтүргүчтү кармаган сымал койо бербейт:

- Эртең койо беребиз.

- Эмнеге? Мен силерге коркунучтуу бандит же киши өлтүргүч киллер эмесмин. Акыйкат деген бардыр, эмне мынчалыкка барасыңар? Койо бергиле! - десем, милиционер мени ийинден ала ордуман тургузуп алып жөнөгөндө тигил начальниги:

- Алтынчы камерага! - деп койуп кала берди.

Тигиниси "кирбейм" деп аткан мени далыман сүйөй түртмөк болгондо колго бир чаптым:

- Тарт колуңду, өзүм кирем! Менден алыс бас, колуңду дагы тийгизсең жооп берип каласың. Мен коркунучтуу күнөөкөр эмесмин. Мыйзам деген бар! Билем, силер бирдеме тилеп жатасыңар. Үйдө төрөгөнү турган кызым, үч жашар неберем бар. Эгер мен жокто толготуп бирдеме болсо жооп бересиңер! - деп ачуум менен ага кыйкырдым эле, ал үндөбөй менден бир метрдей алыс калды да, камерага киришимди күтүп турду. "Шарк, шарк" деген темир эшиктерди ачып бирөөсү жол бошото калды эле, мен аргасыз камерага кирдим. Бир кишилик керебети бар бөлмөгө киргенимден кийин сыртыман "шарак-шурак" эттире кулпулап койуп, "тык-тук" эткен дабыш камеранын оозунан алыстап кетти.

Таң атканча кирпик какпадым. Мен ошондо болоор-болбос жүз граммга жетпеген алюмин үчүн ушунча азап тартаарымды сезбегем, анан да кылмышкер эмесмин да! "Оорукана менен милициядан сактасын" деп айтылган сөз экиме түштү. "Тоок уурдаган тутулат, киши өлтүргөн кутулат" деген чын тура. Жок дегенде килограмм чыкса да мейли эле. Эгер колдоруна бир тоголокту култуйтуп карматып койсом алда качан койо бермек. Бирок менде андай акча жок эле, күнүмдүк көр оокаттын айынан ушуну көрүп атпайымбы!

Эртеменен мени кайрадан кабинетке алып келишти. Көрсө он чакты кошуналарым кошо келишиптир, кызым, неберем дагы жүрөт. Кечинде келишкен экен, кетирип жиберишиптир.

- Бошотуп кой, балам. Эми болоор-болбос үчүн кармабай койо бергиле, - Мизаркан эже начальниктин маңдайында отуруп суранып атты. - Мынабу кызы бүгүн-эртең төрөйт, тиги небереси, көр оокаттын айынан болуп атат да.

- Эне, түшүнсөңүз, темир жолго кирүүгө болбойт.

- Элдин баары эле жүрбөйбү, балам. Бу да нан табайын деген го, койо берип кой!

- Ар бириң түшүнүк кат жазгыла. Эч жакка кетпейт деп кепил болгула. Бизге берки аял керек, аны таап келип бергиле.

- Ой аны биз тааныбайбыз да.

- Тааныйсыңар! Захваттагылар надоел болдуңар го. Ал аялды сөзсүз отургузам! - Босогодо турган Бурулдун чаап баштыгын көрсөттү. - Бул ошонуку экен, ал келмейинче бул аялды бошотпойбуз.

- Кой балам, ушуну үчүн кармаганыңар уят эмеспи. Мен дагы бир чоң нерсе экен десе… - Мизаркан эже баштыктагы алюминди көрүп таң калды. - Ботом, бул контрабандист эмес го, келе мен түшүнүк кат жазып берем. Ыштарабыңды төгөбүз!

- Штраф үч жүз сом, кепилдикке бошотобуз.

- Болуптур, - Мизаркан эже жазып берди дагы, мени колумдан алды. - Жүрү кеттик. Ээленип шайтан айдагандай тил албаганыңда кеп бар болчу, - деп эшикке чыгаарыбыз менен урушуп кирди. Бул 2003-жылдын 22-марты болчу…

Бирок иш муну менен бүтүп калган жок. Арадан он күн өтпөй кайра чакырды. Бурулду сураганынан:

- Анын жүрөгү оорукчан эле, коркконунан ооруп калып ооруканага жатып калыптыр, - дедим эле:

- Анда сиз соттолосуз, - деди менден жапжаш эле тергөөчү көзүнүн төбөсү менен карай.

- Эмнеге? Ушул таштандыда жаткан болоор-болбос алюмин үчүнбү? - Мен аны үрпөйө карадым.

- Темир жолдун территориясына киргендигиңиз үчүн!

- Силер дайым ушундайсыңар. Балким, коркконунан чөнтөгүмө култуйтуп бирдеме салат деп атасыңар го. Мен эч качан антпейм. Балдарымды багуу үчүн жараксыз нерсенин айынан камалса камалаармын, бирок бир бечараны ыйлатканыңар үчүн бир кезде жазаны силер тартасыңар. Алсыздын канын соргон зулумдар, кагазды оңду-солду шилтеген колуңардан келсе эле бей-бечарага чоңдугуңарды салганыңарды качан койосуңар?!

- Эне, тилди тарта сүйлөңүз!

- Билгениңди кылып ал. Соттолгон күндө дагы туура эмес, ашыкча калп жазылганын көрсөм капа болбогула!

- Аны көрө жатаарбыз, - деген тергөөчү мага колума кагаз берип узатып койду. - Белгиленген күнү Ленин райондук сотунан жолугабыз.

- Болуптур, барам дагы, башка салганын көрөм. Дезертир же бандит эмесмин, эсиңерде болсун. Канчалык күнөөкөр болсом да силерден маданияттуу, өз ишине тыкандык менен караган, адам укугун тепсебей иш алып барган кызматкер катары мамиле күтөм. Эгер шакабалай турган болсоңор ал жазасыз калбайт, аны өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр! - деп басып кеттим.

- Милдетибизди жакшы билебиз! - Тергөөчү бөлүмдүн эшигинде мени көпкө карап турганын узагандан кийин артыма бурула бергенде көрдүм.

Келатып көзүмдүн жашын шыпырып алдым. Колумда он сегизинчи апрелге чакырган кагаз. Аны бекем уучтай үйгө келдим да, анан Мизаркан эжеге бардым. Ал көнүмүш эле ордунда соода кылып жаткан экен.

- Эже, менин сотум болот экен. Бүгүн чакырганынан барсам кагаз берди. Өкмөттүн менчигине кол салгандыгым үчүн, мындайда тергөөнү узартпай дароо эле сотко өткөрүп коюшат тура.

- Атаны кокуй ай. Ошол күнү жөн эле ээликтиң да. Шайтан айдап тил да албай койбодуңбу. "Барба-барба" десем болбой кетип калып ушу болду, - Мизаркан эже кейип калды.

- Эмне болсо да көрдүм да, эже. Пешенеме ошону жазса кайда качмак элем, бул менин тагдырым…

Көзүмөн жаш айлана түштү. Эже товарын келинине табыштап коюп, мени ээрчитип кафеге алып барды. Ээн бурч жагына отуруп алдык. Мизаркан эже шашлык менен бирден шорпо, эки пиво, анан бир бөтөлкө аракка заказ кылды.

- Эми оозуң ачык эле, муну бир адамга айтпа. Сен, мен, Анара, Дүйшөн, Бурул гана билсин. Сен Бурул үчүн, аны аяп жаткандан кийин аны жакшы сот тап деп айталы. Болбосо анын өзү жооп берсин, кечинде айтамын, - Эже мага эңкейе столго өбөктөй шыбырады.

- Мен эч кимге айтпайм!

Менден андан башка сөз да, акыл да чыга албады бул учурда, анткени жан дүйнөмдө бурганактаган бороон улуп, жүрөгүм сыздап турган: "Эгер ата-энем мени жөлөп-таяса мен мынчалык абалда болмок эмесмин. Мен алар үчүн жокмун, жокмун, жокмун!!! Алар үчүн мен эбак өлгөнмүн!" деп сыздаган жүрөгүмдүн дарысы азыр жакшы сөз менен ачуу арак болуп турду. Алдыбызга адегенде шашлык менен пиво, анан арак келди. Эже мага жүздү, өзүнө азыраак куюп, бокалдарга пиводон толтурду.

- Келегой, айланайын, анчалык чөкпө. Адам баласынын башынан нелер гана өтпөйт. Токтоолук менен жеңип келатасың, жагы жеңесиң, сага ишенем, сен башка адамсың. Жеңилдик кылсаң оор турмушуңду көтөрө албай эчак жолдо калмаксың. Сен андай эмессиң, бу да болсо тагдырдын сыноосу!

- Чөкпөйм, эже. Чөгө турган болсом сиз айткандай колумда тыйын жок, балдарымды гана ойлоп, ошолордун келечегине кам көрүп ачка-ток жүргөндө ким болот элем? Сыртымдан күлүп, ичимден сыздап баарын жеңгем.

Эже куйган жүз граммды алып жибердим. Артынан шашлыктан жеп, пиводон жуттум.

- Экинчи тербей эле койчу темирди. Эми сенин атыңды уккандарга уят, китебиңди мактап кеп кылып жатат, эл бир эже китебиңден билип калды, өзүңдү карма!

- Ооба, эже, өзүм да билем. Бассам-турсам тааныбагандар учурашып калат. Мен "биздин айылдык го, таанып атабы?" деп ойлогуча: "Эже, китебиңизди окудум, жагы жазып жатасызбы?" дегенде уяла түшөм. Мен бул китебимдин мынчалыкка жетээрин билген эмес элем.

- Айланайын, мартабаң аша берсин. Ошон үчүн кыйналган күндү сабырдуулук менен жеңишиң керек. Душманың табалабай турган бол!

- Сөзсүз да! Куралым калем, сырдашым кагаз. Ыйласам да, кыйналсам да колума калем кармап жүрөктөгү сырымды, бугумду кагазга төгүп көнгөм.

- Ошент, садага! Алтын кызым менин! Акылың бар, жетик кызсың, өзүңө өзүң бел бол!

Экөөбүз көпкө отурдук. Тамактанып бүтүп, эженин ордуна бардык. Саал кызуу болуп калгандыктан көпкө отуруп, анан эже товарын жыйганда кошо жөнөдүм. Келээрибиз менен Күкүнү киргизип жиберип: "Анараны чакырып кой" дедик дагы, Дүйшөндүн үйүнө кирдик. Алар экөөбүздү тосуп алып төргө өткөрдү. Эже жайланышып отуруп эч нерсе айтпай Анара келгенче сүйлөшүп отурдук. Анара бат эле келип калды:

- Тынччылыкпы? Чакырып атат десе эмне болду деп шашып келдим, - Ал отуруп жатып бежиреди.

- Тынччылык болсо жакшы болбойт беле. Сүйлөшчү сөз бар. Эми силер дагы ойлонгула, Дүйшөн. Миргүлдүн ишин сотко өткөрүп коюшуптур, эч ким укпасын, бала-чака айтып койбосун. Ушул жердегилер билели дагы, тааныш сот таап сүйлөшөлү. Ошону үчүн келип отурабыз. Бурулду ооруп жатат деп бул баарын өзүнө алып жатат. Силер дагы аракет кылгыла!

- Болду-болду, эже, Миргүлдү соттотуп ийип эмне тапмак элек, сөзсүз жардам беребиз, - Дүйшөн шашып калды. - Рахмат буга дагы, бирөөнү үйгө келтирбей коргоп атат. Деги Миргүл эркек эле болгондо болмок, абдан эрктүү!

- Эже, соту качан болот экен? - Анара экөөбүздү алмак-салмак карап кулак төшөп калды.

- Он сегизинде болот экен.

- Убакыт бар экен. Соттун жакшысын табыш керек. "Государственный мүлккө кол салды" деп дароо эле сотко ашырып жибериптир да.

- Мейли балам, жүрөксүбөй эле кой, эптеп сүйлөшөбүз. Анчалык оор деле болбойт чыгаар..

Эже мага көңүл жубатып сөз айтканы менен ички сезиминде эмнени ойлоп жатканын билип эле унчукпадым, бирок алардын сөздөрүнөн ыйлап жибере жаздап өзүмдү өзүм кармап зорго отурдум. Бурул эч нерсе деп айталбай шыпылдай тамак-ашын, колунан келгенин коюп көпкө отурдук. Дүйшөн эртеңден тартып тааныш издемек болду.

Көптө барып үй-үйгө тарадык. Мен кызыма эч нерсе айткан жокмун. Бирде-экиде милицияга ишим түшпөгөн жаным, ойго чөгүп, уйкум качып, түнү бою түйшөлүп чыктым. Калемимди кармоого көңүлүм чаппады: "Мени камап койсо булар эмне болот, төрөп калса кантет?" Күйөөсү ошол убакта менин чөнтөгүмдөгү акчамды уурдап качып кеткен эле. Оюм алда кайда кетип атып, таңдын атканын сезбей калдым. Көздөрүм шишип, башым ооруп чыкты. Досторум Гүлмира, Шакен, Гүлжандардан жашырууга дитим барбады. Эртең менен ордуман турбай, таң атканда үргүлөй баштаганымда Гүлмира баш бакты.

- Ушул убакка чейин уктайсыңбы? Тур ай! - деди ал кирип келип.

- Башым ооруп туралбай жатам, эй. Азандан кайда барат элем, турганда?

- Турсаң көрөбүз да, - Кызымды карап ымдай күлүп койду. - Тур! Эрте туруп жүрсөң, - деп мага колун жаңсады.

- Кыйнайсың да.

Мен ордумдан араң туруп кийиндим да, Гүлмира менен эшикке чыктым. Күн жадырап тийип калыптыр. Таза абага көңүлүм көтөрүлө терезеге жөлөнүп калганымда, ал:

- Тигилерди көрдүңбү, экөөбүздү күтүп атышат. Жүрү ылдый түшөлү, - деди жаныма келип.

Бешинчи кабаттан түшүп, алардын жанына келдик. Гүлжан менен Шакен, Бурул биз алардын жанына келээрибиз менен этажды айлана басып жөнөштү.

- Силерди күтө берип тажап кеттик, - Шакен бизди карады. - Тим эле Манастын уйкусун берген го?

- Ой, бул алигиче уктап жатыптыр, араң тургуздум, - Гүлмира аларга актана сүйлөдү.

- Эмдигиче уктап аттың беле? - Гүлжан мага карады.

Алар менин сары санаа убайымда уйку көрбөй таң атырганымды кайдан билсин. Мени ээрчитип, камок жакка бараттык. Мен унчукпадым. Махабатка келип анын атайын бөлмөсүнө кирдик. Пирожки, самса, рулет бар экен, алардан алып, анан бир бөтөлкө арак суусу менен алышты да, отуруп калдык.

- Деги эмненин урматына чогулуп атабыз, билсе болобу? - Мен аларды суроолуу карадым.

- Булбу, - Гүлмира мени жылмая карады, - Бул башы ооругандардын башын жазчу отуруш!

- Сонун болгон тура, менин да башым ооруп турду эле, ушу-у, жонуңардан билген доңуз болуп калгансыңар го? - дедим мен.

- Ошону билгенбиз да, - Шакен кудуңдап койду.

Биз көпкө отурдук, ичке жүз грамм кирип калгандан кийин ичтеги сырымды аларга айтып калдым.

- Достор, курдаштар, мени аз күндөн кийин таппай калат болушуңар керек, - деп ойлуу отуруп калганымда баары үндөбөй бири-бирин карап отуруп калышты. Бурул гана мени жалдырай карап: "айтасыңбы?" дегендей көздөрү менен ымдап калды. - Мен соттолгону жатам, он сегизинде сотум болот!

- Эмнеге? - Шакен аңкая эч нерсени түшүнбөй сурады.

- Баягың бүткөн жок беле? - деп Гүлжан мени карады.

- Качан уктуң? Чакырбай калбады беле же повестка келдиби? - Гүлмира да такып сурап, үчөө тең жаалдап сурап жатышты.

- Ошол ишти мен бүттү го дегем, мындай болоорун кайдан билдим. Бирок бириңдин оозуңардан чыкпасын. Силер, Анара менен эже билет, силер чогуу катышасыңар, - дедим мен.

- Ой өлүгүңдү көрөйүн десе, сени тим эле контрабандистти кармагандай эле болушкан го?! Ошондо оолукпай биз менен отура бергениңде бул балээ жок эле…

- Ошону айтсаң, тим эле жоо куугандай шашып.. Шайтан азгырып жаткан да.

- Айтсак болбой койбодуңбу? - дешип үчөө тең карап жооп күтүп калышты.

- Эми эчтеке эмес. Болоору болуп, бойоосу канды. Кыскасы, кандай болсо да баарын көтөрүүгө тийишмин! - Мен колумдагы стаканды карап отура бердим. - Жок дегенде ошондой күнү силер жанымда болсоңор жакшы эле..

- Анан сени таштап коймок белек?

- Кантип таштамак элек, элестет…

- Жаныңда болобуз, оозубуздан жел чыкпайт, - дешти алар жарыша.

Чогуу отуруп бир бөтөлкө ичилгенден кийин дагы бир менен көңүлүм үчүн алып аны дагы ичтик. Аңгыча Жаанбай аке менен Жумакан келип калды. Аларга сыр билгизбей бөтөлкөдөгүнү бөлө тарттык. Жаанбай аке Жумаканга карады:

- Жумакан, сен эми бирди алып кел, карындаштарым чогуу отурган экен. Тиги энеңдурайындар балээ ичсин, ушерден эле ичебиз.

- Капырай, алар күтүп калышат да?

- Жумакан, Касипага айт "Гүлмира алып койду" деп, айтып кой. Акем экөөбүз ичебиз, апкеле бер, алардан коркпо! - деди Гүлмира көзүн кыса.

- Мейли-мейли, бирок алар атайы жөнөткөн да?

- Ош базарына барып таппай жүрдүк деп кой!

- Керек болсо өздөрү таап ичишет да, - деп каткырып калдык.

- Ой-ла-анайын карындаштарым десе, алтын кыздар да! - Жаанбай аке бизди карап ырдай баштады:

Сырдуу карап жылмайганың, карындаш,

Жүрөгүмө канжар болуп сайылат.

Эгер сүйсөң ачыгыңды айта гой

Кыйнап мени жүрө бербей кылактап.

- Азамат, байке!

- Ырыңыз укмуш экен! Жумаканды ушинтип жүрүп алгансыз го?

- Ой байке, ушундай түрүңүз менен кетирбей кармап жүргөн Жумаканга ырахмат. Бир аз жашыраак кезиңизде такыр жаман болсоңуз керек? - Мен суроо узатып калдым.

- Ушу курусун, көрүнгөн кыз-келинге кетип калса алып келип жүрүп чачым агарды да! - Жумакан күлүп калды. - Мына эми, карындаштарыңды сыйлайм дейсиң, сыйла! - Бир бөтөлкө менен аксуу, самса алып келип койду.

- Ой эне-ээңди-и! - Жаанбай аке күлүп сөгүнүп калды, - эми "карып калдың" деп сыр көрсөтчү болду мага.

- Байке, ошентсе деле бири-бириңерге көнүп калгансыздар да, балдар чоңоюп калыптыр, Жумакан азыр эмне десе эп! - Гүлмира каткырып калды, - Сиз эми баш ийгенден башка аргаңыз жок!

- Туура, азыр Жумакан өзү кан, өзү бий! - деп аракты стакандарга куя баштады, - Кана кыздар, эмненин урматына чогулуп отурасыңар? - бизге карады.

- Бизби? Биз Миргүлдүн китебин жууп бүталбай жатабыз, - Гүлмира сыр алдырбай жооп берди.

- Аа-аа, туура! Мен дагы Миргүлүм, дадага болоюнумдун китебин куттуктап ушуну алып койолу! - деди ал. - Ошол колуңдун эмгеги бааланып, чо-оң жазуучу деген атка таты, ылайым колуңдан калемиң түшпөй эргип жүрө бер, карындашым!

- Айтканыңыз келсин, байке, мага канчалык таза дилиңиздер менен жакшылык кааласаңыздар, биринчи кудайдын кулагында болсун! - Мен ыраазылыгымды билдирип колумду көкүрөгүмө коюп, башымды ийип койдум.

Жаанбай аке бир топ кызуу болчу, ого бетер сүйлөп да, заңкылдап ырдап да жатты. Ал жерден чыгып "Фучик" паркына ээрчишип барып ошол жерден заңкылдап ырдап да, ичип да жаттык. Орозомду ачпай туруп эле келип бир топ кызып калганга билгизбей аракты жерге төгүп түбүн калтырып, көңтөрө ичкендей болуп коюп жатып, кайра соолуга түштүм. Бир топко отуруп, кеч кирип баратканда ордубуздан турдук. Дагы алып ичмек болдук эле, бирок мас болуп калгандыктан кыйкырып-өкүрүп ырдап парктан чыктык:

- Мизаркан эже билбесин, ичкенибизди көрсө урушат.

- Чын эле этаждын алдына барганда бириң үн чыгарбагыла.

- Акырын-акырын тарап кетели, - деп шыбыраша үстүгө көтөрүлүп баратып эшиктин алдында Касипанын ойношунун машинасын көрүп калдык.

- Тиги шүмшүктүн ойношу келип калган го?

- Ой, ал дагы башы айланган неме да.

- Уяты болбосо ошол да. Баласындай неме менен жүргөндөн уялбайт дагы. Көнгөн адаты, шыгы бар тура! - деп чыгып бараттык. Төртүнчү кабаттан Шакен калды, анан үчөөбүз бешке чыктык. Бурулду паркта отурганда эле балдары чакырып кеткен болчу. Өз бөлмөлөрүбүзгө бөлүнүп кеттик. Мен үйгө кирээрим менен эле:

- Эртеден кечке каякта жүрөсүз? Эчтеке тамак ичпей эле арактан оозанып жыргадыңбы? - деп кызым мени жаман көзү менен карады.

- Арак ичип жүрүптүрмүнбү? - Мен моюн бербей ичкенимди билдирбегенге аракет кыла диванга жатып алдым.

Көзүм илинип кеткен экен, Шакен ойготуп жатыптыр. Гүлмира үйүнө киргенден кийин аны чакырыптыр, арак алдырып Гүлжан экөөбүзгө келиптир. Гүлмира бешинчи кабатта Шакендин үстүндө болчу. Экөөнүн багына Шакендин потологунда тешик бар эле. Ошол жерден бири-бирин оңой эле чакырышып алышаар эле. Кайрадан Гүлмиранын үйүндө отуруп иче баштадык. Даяр тамак бар экен, андан ичип алып, анан арактан уруп атабыз. Үнүбүздү пас чыгарып сүйлөшүп койобуз, анткени Мизаркан эже алдыңкы кабаттан үнүбүздү укса жетип келип тилдемек. Аны сыйлаганыбыздан ичип мас болгондо тартынып турабыз. Баары бир акыры бир бөтөлкөнү ичкенден кийин ырдай баштадык эле, бир аздан кийин ал келип калса болобу?

- Кандай, кыздар, дегеле болбойсуңар - дагы майрамдап жатасыңарбы? - деди ал жөн-жай гана.

- Кел эже, ичип койдук бүгүн Миргүлдүн көңүлүн көтөрөлү деп эле! - Шакен озуна жооп берип эжени тура калып кучактап өөп калды. - Кечирип кой, эже.

- Мейли эми, тынч жатып алгыла, мунун сырын билесиңер го, - Эже мени карай колу менен көрсөттү. - Ичип алса өлөм-житем деп, анан чыр кылып жүрбөсүн!

- Андай болбойт, эже! Мен антпе-ейм-м!

Эжени жаныбызга отургузуп алдык да, тамактан куюп алдына койдук.

- Эже, нидогон болуп жатабыз, - Гүлмира ага тийише калды. - Андан көрө бирди…

- Койчу ай, өлүгүңдү көрөйүн десе, - Гүлжан Гүлмираны урушуп калды. - Уялбайсыңарбы эжемди тооругандан.

- Ото-оо кудай ай десе! Дегеле койдон коңур боло калганын! Эжем өзү деле алып берет… - Шакен ага моюн бербей эжени кучактап отуруп. - Чынбы эже, алып бересиз, аа?

- Алып бербей анан.. Көп болуп кетпейби? - Мизаркан эже төртөөбүздү тегерете карады. - Тынч жатып алсаңар алып берем, - деп ич чөнтөгүнөн акча алып чыкты, - Кимиңер барасыңар?

- Шакен менен Гүлжан барып келет, биз картошка кууруп турабыз, - Гүлмира мени карады, - Туурабы? Ич ачышып баратат, эт бар, куурдак жасайбыз.

- Этиң жетеби? Менде дагы бар.

- Мен деле алып келем, - деп Гүлжан экөөбүз айтканда Мизаркан эже:

- Эртең деле керек, бүгүн Гүлмираныкын жейли, - деди күлө.

Тиги экөө чыгып кеткенден кийин Гүлмира:

- Тигилер келсе "Кана куурдак?" деп бизди өлтүрөт, эртерээк асып койолу, - деп эт менен картошканы алып келди.

Экөөлөп эттен асып койдук. Бир топтон кийин алар келип калды, бир бөтөлкө арак менен пиво ала келишиптир. Эжени "ырдап бер" деп кыйнадык эле ал ырдады. Анан баарыбыз ырдап отурсак Алик келип калды. Аны көрүп биз тамашалап калдык. Ал күлүп эле:

- Ой силер укмушсуңар го ыя? Деги төртөөңөр ынтымактуусуңар, - деп отура кетти.

- Анча-мынча эркектерге караганда туруктуубуз, айтканыбызды так аткарабыз.

- Менчи? Мен туруктуу эмесминби? - Ал бизди карап кызаңдай кетти.

Аликтин айтканын аткарбаган, ашыкча мактана берген мүнөзүн билет элек.

- Ай Алик, - дедим мен, - Ушу сенде толгон окуя бар эй! Айтып берсең өзүнчө эле роман болмок. Эки аял менен жашаган кандай болот ыя? - Мен тамашалай кеттим. - Өткөндө аялың бизди сыйлабаса дагы ортодогу тамакты сыйласа болмок, күйөө ошондо эле болсо дагы. "Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт" болду го тим эле?

- Ошону айтсаң ай, - Гүлжан коштой кетти, анткени ал бар болчу. - Күнөөсүз болсок да уялдык. Үстүңдөгү костюмуңду оңдоп коюп кызганса боло. Тапканыңды ичип-жеп алып, сенин кадырың менен жашап жатканын билип жүрсө боло?

- Эми ошондой болот экен да, аялдар ошондойсуңар да.

- Биздин эрибиз кыргыздын көрүнүктүү адамдарынын бири болсо атагына кубаттанып жакасына кир жугузбай, кийимдин жакшысын кийгизип, ар күнү үтүктөп берип кыздын баласындай кармамакпыз, - деди Шакен бир жагынан.

Аңгыча куурдак бышып ортого келгенде аракты ачып стакандарга куюп, эжеге пиводон куйдук да, тостту Аликке бердик:

- Сүйлөп кой эми, бекеринен Мухтар Шаханов сени "экинчи Алыкул" дебегендир.

- Мейли эми, эже, - Ал Мизаркан эжени карады. - Баарыңар эже жердешимсиңер. Темирдей эрктүү, уяттуу аялсыңар, ар дайым ушунуңардан жазбагыла! - Алып жиберди.

- Рахмат, - деп биз дагы алдык. Түн бир убак болуп калды. Эже биз менен отурат. Ал бизди мас болуп калса дагы Касипалар менен Женяга тийишеби деп кайтарып жатканын билдим. Арак да бүттү. Мен Гүлмиранын төшөгүнө жатып алдым. Гүлжан менен Шакен үйлөрүнө кетти. Эжени Гүлмира төртүнчү кабатка түшүрүп коюп келип жатты. Алик өзүнүн үйүнө алда качан кеткен. Гүлмиранын балдары кеч кетип жатышыптыр, эртеменен көрдүм. Башым ого бетер зыңылдап ооруп, өйдө болууга акыбал жок. Гүлмира башын көтөрүп баягы көнгөн адатынча тешиктен:

- Шакен, Шакен дейм! Тирүүсүңбү? - деди эле ал дагы:

- Тирүүмүн, эмне кылайын? - деди жооп кылып. Бери жактан биз күлүп калдык. Аңгыча эптеп боюн көтөрүп тургандай чачтары үпсүйө Гүлжан кирди. Мен ошондо: "Кудай сакта-аа, дагы он күн катарынан баш жаза берсек жанагы аракечтердин өзү болобуз го? Кой, минтип жүрсөк төртөөбүз тең катардан чыгып алкаш атанып кетебиз, бүгүндөн кийин ичпеш керек. Буларды да ичирбейин. Жөндөн жөн эле иче берсек ушу кантип болсун?" деп жаткан жеримде Гүлжандын кейпин көрүп боорум ооруп атты. Гүлмира мас болчу эмес, эртеменен баш жазганда кадимкидей оңолуп калчу. Шакен кирип келди, анын колтугунда бир бөтөлкө бар экен. Кечиндегиден калган куурдакты ысытып кайра баштадык. Андан кийин Гүлжан:

- Экинчи ичсем өлөйүн, ичпейм ай, - деди үңкүйүп отуруп, - тим эле өлгөнү калыптырмын.

- Мен дагы ичпейм, - Мен Гүлжанды карадым.

- Ичпей эле койгула, эмне, силерди бирөө кыстап атабы? - Шакен экөөбүздү карады. - Силер ичпесеңер Гүлмира экөөбүзгө көбүрөөк артат.

- Мейли, мындан ары ич дебейсиңер, айтып койойун.

- Ошону айтсаң. Ал дебесеңер эле албайбыз, - деп мен күлүп анан, - Мени Айдана өлтүрөт, түндө бир көрүнүп кайра жоголгом, - деп ордуман турдум.

Үйгө келсем ал чындап эле үңүрөңдөп калды. Үндөбөй кийинип алып, көчөгө чыгып эженин жанына бардым эле, ал дароо мени ээрчитип кафеге жөнөдү. Ар дайым ошентет. Кээде өз энемдей көрүп кетем. Кыйын учурда акыл-насаатын айтып, колума тыйын карматып, жөлөк болгон бул аялды жанымдай көрөт элем. Азыр менин түрүмдү көрүп эле кафе алып барып ыссык шорпо менен четок алды да:

- Экинчи ичпе. Карачы түрүңдү, минтип иче берсең такыр берилип кетесиң. Сенин келечегиң алдыда, максатың бар. Өзүңдүн кадыр-баркыңды биле жүр! - деп атты.

Өз энем, атам айтпаган акылды айтып, жогума кошо толгонуп, барыма, жетишкениме сүйүнүп, колдоп турган эжени ичим жылый карап турдум:

- Ыраазымын, эже. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон сизге өмүр бою, башым жер жаздангыча ыраазымын! Эми ичпейм.

- Айланайын десе, ошент. Эсиң бар, артыңды ойло, максатыңа жетүүгө умтул.

- Айтканыңызды угам, - деп алдыдагы аракты дагы алып ийдим.

Андан кийин биз чыгып келатсак Дарийка келатыптыр. Ал бизди атайы издеп келиптир.

- Кандайсыз, эже? Мен Миргүлдү издеп келсем Талант сиздерди биякта дегенинен келгем, - деди ал.

- Жөнжай элеби?

- Жөнжай эле, мен өткөндө жок элем, китебиңди жууп бере албай жүрдүм, бүгүн колум бош.

- Кой, мен барайын, силер отура бергиле, - Мизаркан эже кетмек болгондо Дарийка токтотуп койду:

- Эже, сиз деле отуруңуз эми, чогуу чыгабыз.

Үчөөбүз кайра отуруп калдык. Ичпейбиз дегенибизге карабай Дарийка дагы бирден тамак, ичкилик алды. Үчөөбүз сүйлөшүп отуруп, мен ичип аттым. Анткени Дарийка ичпейт, эже дагы элдин көзүнчө ичпейт, мени менен болгону жүз граммды кээде алып койот. Биздин туурабызда бир аял менен бир эркек отурган, улам бери жакты карап коюп сүйлөшүп атышкан. Бир кезде аялдын жанындагы эркек бери бурулду да:

- Эй чоң кыз, сиз жанагы "Агымдагы" "Эркин селсаяктар" деген сериалдын авторусузбу? - деди.

- Ооба, ошол! - Мизаркан эже жооп берди.

- Андай болсо сиз менен таанышып алууга болобу?

- Жаныңда аялың турса таанышканды эмне кыласың? - эже ага жиндене сүйлөдү. - Сага эмне, оюнчук бекен? Аялыңды кара ары!

- Аялым тура турат, мен өзү кыздарды жакшы көрөм!

- Аялы болсо ушинтип сүйлөбөй калсын, - дедим мен алар жакты карабай туруп.

- Чын эле таптың, чоң кыз! Эгер макул болсоң аялдыкка алмакмын! - тиги киши ырсалаңдай күлгөндө Мизаркан эже жини келип кетти:

- Ай, кандай немесиң ыя? Калжаңдабай ары отурчу. Биз сүйлөшүп атабыз, мишайт этпей жөн отурчу!

- Кечирип коюңуздар, бир аз тамашалашып койдум. Чын эле кызыңызды бербейсизби, күйөө бала болуп алайын, - деп ары карап отуруп калды.

Аялыбы же жөн эле таанышыбы, бирдеме деп шыбырай үтүрөңдөп, ал аны менен алаксып калды. Биз тамактанып бүтүп анан чыгып кеттик. Дарийкага чын ниетимден ыраазычылыгымды айтып, эжеден бөлүнүп этажга келдик. Гүлмиралар былк этпей уктап жатыптыр, Махабаттан бир бөтөлкө алып келдим да, аларды ой-боюна койбой ойготуп баштарын жаздым. Ал күнү дагы менин үйүмө келип кечке ичип ырдап отурсак, Касипа мас болуп алыптыр, коридор менен өтүп баратып эшигимди тээп кеткенинен мен чыкмак болдум эле, чыгарбай коюшту. Аны Жумакан ээрчитип кетип калыптыр.

Ошондон бир жумадай солуп жаттым, ичсем эле кайра кызып калгандан коркуп ысык шорпо жасатып ичип аттым. Мен кичине өзүмө келип калганда Сажира келди. Темир тергенден коркуп үйдөн боорсок жасап чыга баштадым. Күндө үч кил унду боорсок жасап пакетке салып өткөрүп келип кенелип калдык. Кыздарым бышырып берет, мен өткөрүп коюп эки-үч күндө акчасын чогултуп алам.

Менин сотум болуп, соттолбогонумду эске алышып, бир жылга эрксиз кылып койду. Ошону менен эч нерсе билмексен болуп жүрсөм участковый Нуралы келиптир арадан үч-төрт ай өткөндө. Көрсө мен ай сайын ГОМго барып турушум керек экен. Мен негизи аны менен тирешип жүрчүмүн, баары бир барбай койдум. Анан Гуля деген инспекторду ээрчитип келиптир. РОВДга алар менен барып, Нуралыга барбай эле Гуля менен сүйлөшмөк болдум.

Жайы менен боорсок жасап сатып, бир топ ирденип алдык: "Ээ жараткан, өлбөгөнгө өлүү балык кез келет" дегендей, жашаган жерибиз бекер, каалга-терезесин бекитип, ичин актап, адам катары болуп калдык. Кышкысын свет өчкүчө тамак-аш жасай койобуз да, жатып алабыз. Биздин чогулуп "собрания" жасаганыбыз калбады. Июнда Сажирам уул төрөдү, баласы жети айлык экен, өзүн чыгарып, баласын төртүнчү төрөтканага жаткырып бир маал эмизип келип турду. Күйөөсү келип он беш күн дегенде алып кетти. Неберени жууп жыргап эле калдык. Шылтоого шыноо болду да калды. Ар бирибиздин туулган күнүбүз жөн өтпөйт. Сөзсүз ырымдап жатып калабыз. Августта Гүлжандын туулган күнү эгемендүүлүк күнүнө туура келип дагы эки-үч күн майрамдадык.

- Эй Гүлжан, туулган күнүң ушунча күнгө созулду. Сен төрөлгөндө канча күн жуушту экен, ыя?

- Ошону айтсаң. Майрамга туш келип калганын кара.

- Мен өзүм кандаймын?

- Сага эми теңелиш кыйын го?

Аны тамашалап күлүп аттык. Үч-төрт күн ырдап-бийлеп жыргадык. Жашоонун оош-кыйышы биз үчүн жүрөктү өйүткөн көрүнүш. Канчалык ичип жаткан менен эртеңкибизди ойлоп жаттым. Күн суук тарта баштады. Эл чогултуп Женяны түшүрүп ордуна башканы коймок болдук. Жаанбай байке мени, Мизаркан эже менен Анараны чакырып:

- Эже, бу Женя иштеген жок, анын ордуна Кадичаны койсок кандай болот? - деп эжеге карап кулак төшөдү.

- Кадичанын кандай экенин биз билбейбиз да. Дагы бир аферистке жолугуп калсакчы? "Жүгүрүп жүрөм" деген Женя үй саткандан башканы билбей ушул убакытка чейин бир арызыбыз да өкмөткө жетпептир.

- Анда Миргүлдү койолубу? Баарын билет, өзү билип, жүгүрсүн.

- Менин паспортум жок, анүчүн биротоло документти өткөрүп алыш керек!

- Мейли, Кадичаны шайлайлы да, аны менен сен кошо жүр. Анын эмне иш кылганын көзөмөлдөйсүң, - Дадиев мени сынай карады.

Анын Кадича менен сүйлөшүп койгону, ал турсун пара катары андан миң сом алып алганын кийин уктук.

Кадича адегенде мени менен ысык болуп, кыймыл эткенин кеңешип турду. Баардыгы бүтүп документ колуна тийгенден кийин анын да адамдык сапатынын жок экени, эл эмес өзүн сыйлабастыгы белгилүү болду. Ал Абдрай Зергер деген ассоциациянын президенти менен таанышып, анысы үйгө жардам бермек болуптур. Алар келип жыйын өткөрүп, бейбечаралардын ар кимдин сөзүнө ишене берген алсыздыгынан пайдаланган алдамчылар экенине менин көзүм жетти. Соня менен Женя деле ошондой болгон. Булар "Бекер жашагандарды чыгарып, башка акчасын төлөгөндөрдү киргизебиз" деген сөздөрүн кийин укканбыз…

Жаңы Жыл келип калды. Абдрай Зергер "үч жүз сомдон алып келгиле, чогуу тосолу" деген экен, Анара, Кадича үчөөбүз бардык. Көрсө Кадича өзү биздин эсебибизден бекер барыптыр. Анын аферисттиги ошентип бат эле билинди. "Парламент" ресторанында отурдук. Баары сөз сүйлөп келип:

- Эмки сөздү Миргүлгө берсек кандай дейсиңер? Кадимки кыргыз кызы, "Народ против бедности" коомунун жардамчы төрайымы! - деди ассоциациянын төрагасы Жумабек.

- Туура! Кана чоң кыз, сүйлөп кой! - дешкенде Кадичанын өңү бузула түштү, анткени төрайымга сөз бербей жардамчысына сөз берүү ал үчүн сыйлабагандыкка барабар эле.

- Бүгүнкү кутмандуу кечиңиздер менен. Бир нече сааттан кийин кирип келчү Жаңы Жылыңыздар кут болсун! Ар дайым жаңы жылда баарыңыздарга жаңы ийгиликтерди каалап, денсоолукта болуңуздар! - дедим мен ордумдан туруп бокалды колума алып.

- Ой рахмат!

- Айтканың келсин!

- Азамат, сөз эмес бекен! - дешип кубаттай кол чаап калышты. Андан кийин бийге түштүк, ырдадык, мага ыр кесе келгенде ырдап бүтүп, Жумабек байкеге узаттым. Ал киши дагы ырдап, кече абдан көңүлдүү болду. Биз үчөөбүз алар менен коштошкондон кийин такси менен Фучик көчөсүнө келип дагы ичмек болдук. Кубанычтын дүкөнүнө барсак алар ичкери киргизип чай койду, алар камоктун ичинде жашап соода кылчу. Бизди сыйлап жүз граммдан дагы берди. Үйгө кетмек болгонубузда Кадича Кубанычтан:

- Бир бөтөлкө арак суусу менен бер, карыз болоюн, - деди.

- Жо-ок, эже, карызга бере албайм.

- Кой эми, берип тур, акча болгондо берем, - Болбой эле сурана берди Кадича.

- Эже, убара болбоңуз, сизге бере албайм, - Кубаныч дагы көгөрүп туруп алды.

- Ай Кубаныч, мага да бербейсиңби? - Мен аны жылмая карадым. - Мени карыз кыл анда?

- Сизге сөз жок берем, эже. Сиздей эжени сыйлай албасам болбой калбайбы. Китебиңизди окудум, абдан жакшы экен.

- Рахмат, сыйыңарга татый алсам ыраазымын, - деп ал берген арак менен сууну алып сыртка чыктык.

Ошол жерден эле Кадича кыйгачтап калды. Кубанычтын өзүнө бербей койгонуна ызаланып, чычалап жатты. Негизи, мен карызга алганым менен чогуу ичмекпиз. Үчөөбүз тең кызуубуз, жаңы жылдык салюттар атылып, түнкү Бишкек өзүнчө эле шаңга бөлөнүп кооз болуп турду. Камоктон узагандан кийин:

- Сволоч, акмак! Мени сыйлабай койдуңбу?! Көрсөтөм сга, үйдөн чыгарып салам! - деп сүйлөнө берди.

- Сен бирөөнү киргизип, бирин чыгара турганга акың барбы же жокпу? Адегенде ошону билчи! - дедим мен.

- Мен билем, баарың менин колумдасыңар, керек болсо сени эртең чыгарып койом!

Тапкан экенсиң! Өзүң куулуп калба, сени ким шайлаганын билесиңби? Керек болсо алып салыш оңой!

- Менби? Мен сатып алгамын. Дадиев "сени сөзсүз төрайымга көрсөтөм" деп менден миң сом алган!

- Экөөңдү тең элге айтып шерменде кылам, аферисттер!

- Койгулачы деги, жакшынакай болуп чогуу конокко барып келип, эми урушканыңар уят, жөн баскыла, - Анара экөөбүздү тыйган болду.

- Сен жазганды мен уктап жатып жазам. Сен ошо китебиңе мактанасыңбы? Мен дагы жазам, керек болсо!

Кадича жинди болгон немедей Кубанычтын өзүн кадырга албай койгонуна жинденип, ызасынан өкүрүп-бакыра берди. Мен дагы жиним келип, алган аракты ага бербей өзүмдүн досторума кирип кеттим. Өзү сыйдан да, баарынан кагылып кала берди. Андан кийин Абдрай Зергерлер аны менен эмес, мени менен сүйлөшкөнгө ого бетер жинденип, мени ээрчитпей өзү кетип жүрдү. Менин чынында убактым деле жок болчу, күнүмдүк оокат өткөрүү үчүн иштешим керек эле. Кадича менен тирешүүгө убакытым жогунан өз ишимди кылууга кириштим. Мизаркан эже жини келип аны бир күнү чогулушта айтып чыкты:

- Кандай кылсак дагы бир аферисттен кутулсак бирине тутулабыз. Деги үйдүн башын ачуу үчүн жүгүрбөй эле, силер үй сатууга киришип атасыңар! Мындай төрайымдын кереги жок, биз Зеңги Баба менен иштешебиз!

- Туура, эже туура айтат! Биз Соняга барабыз, силер иштей албадыңар, Сонянын колунан келет! - Дүйшөн күпүлдөдү.

- Төрайымы жок эле иш алып барабыз. Кана, коом болуп эмне иш кылдыңар? Жалаң адамдарды алмаштыра берип, элдин убалына калып жатасыңар! - Мен дагы өз оюмду айттым.

- Кетсин! Кадичаны эч ким шайлаган эмес, өткөрүп берсин документти! - деп жаалдаган эл ызы-чуу болгондо:

- Эл бузар Миргүлдү баш кылып он кишини чыгарабыз! - деп Кадича айтканда Гүлмира:

- Эй, сен кимсиң ыя? Кимди чыгарат экенсиң? Ким ошону айткан, айт азыр эл алдында? - деди аны көздөй атырыла.

- Биз документи жок эле үйдүн башын чыгарабыз! - деп Кадичаны сүйлөтө койбодук.

Эл деген эл да, чогуу турганда бирдей максатта болгон менен, арасында эки жүздүүлөр чыкпай койгон жок. Ич арадан Кадичага кошомат кылганы да, ага каршы болгону да болду. Кыштын кычыраган күнүндө акимчиликтен адамдар келип үйдү көрүп кетти. Бирок оң жагына чечилээринен үмүтүбүздү үзүп калдык. Кыргызалконун президенти, Эт комбинатынын мурдагы директору баарын колго алып, биздин арызыбызды четке кагып, март айынын ызгаардуу, кар жаап жаткан жыйырма сегизинчи күнүндө элүү-алтымыштай орган кызматкерлери келип, алтымыштай түтүндү кубалап чыкты. Мен Алмаз Кулболдиев келгенде жок элем, экинчи китебим чыгып, "Бийиктик" басмасына кеткем. Келсем биздин үйдөн башкасын үстүнөн буюмдарын ыргытып жатышыптыр. Алмазды аялдар тыткылап жиберишкен экен. Кадича Зергерге кетип, аларды ээрчитип келди. Элдин баары буюмдарын ар жерге үйүп алып отурат. Мен Алмаз менен урушуп жатып эң акырында чыктым. Күн суук, жамгыр аралаш жааган кар үшүтсө дагы, ар жакка жүгүрүп жаттык. "Азаттыкка" чалып акыйкат издедик эле, Болсунбек Жакун менен Азиза Абдрасулова келип биздин үнүбүздү радиолордон берүүгө тарттырып, анан биз акимчиликке бардык. Бирок баары бир акыйкат бизге далысын салып туруп алды. Ак үйгө пикет уюштуруп чыгалы десек, өзүбүздүн эле ичибизден каршы чыгышты.

- Ким барат, ким барбайт - ал өз ишиңер, бирок биз жеңиш алып келсек пикетке барбагандар тизмеден чыгасыңар! - дедим мен.

- Ооба, чыкпагандар жата берсин, эгер өкмөт үйүнөн бизди кабыл алып калса, барбагандарды кошпойбуз, - Мизаркан эже дагы күпүлдөдү.

- Жүргүлө, эмне болсо да көрдүк. Бала-чаканы бүт ээрчиткиле! - Мен алдыга түштүм.

Биз менен Болсунбек Жакун бирге жүрдү. Ак үйгө барганыбызда секретар телефондон:

- Баягы эле Болсунбек Жакун да, отуздай эл менен келиптир! - деди.

Мен кабылдамада отурдум, Болсунбек Жакун сырттагы элди карап калды. Ак үйдөн эки адам чыгып биз менен жолукмак болду. Эт комбинатынын чоңдору жолугууга келбеди. Аңгыча акимчиликтен замаким баш болуп келип калышты:

- Жүргүлө, акимчиликтен сүйлөшөлү, - дешти эле, биз ага болбодук:

- Биздин сөзүбүздү уккан эмессиңер, ошон үчүн Ак үйгө келдик. Ушул жерден маселебизди чечкиле, болбосо биз дүйнөлүк кабарга маалымат беребиз. Өз жер, өз элибизде өгөй баладай четте калганыбыз үчүн биз өз аракетибизди жасайбыз!

Мен алар менен айтышып, элди жөө алып жөнөдүм. "Машиналарга түшкүлө" деди эле, болбодук. Бизди камап койчудай болуп жөө кетип жатсак филармонияга жеткенде болбой түшүрүп акимчиликке алып келишти. Чогулуш жасап, жети кишиден турган демилге топ түздүк, башында өзүм болдум. Кайра этажга келсек баягы пикетке барбагандар, бейжай, ээн ооздор курчап калды. Адамдан чыккан тажаалдар эле, алар эл эмес, өздөрүн сыйлай албагандар болчу. Ажылдап тизмеге жазылышканына не бересиң, беттери чыдашканына то-боо. Сабира, Айнура, Бакыт: "Көрөбүз, Акүйгө барып жакшы сөз угуп келгениңерди, камап койот" дегендер алды-алдынан кошомат кыла баштады. Акимчиликтен келишим түзүлүп, жаш балдар менен карыларды Ленин райондук карылар үйүнө жайгаштырып, ар күнү түшкү тамак үчүн ар бир үйбүлөгө картөшкө, пияз, сабиз, пирожки алып келишип турмак болушту. Ар жактан жардамдар келип, чатырларды койондой окшош кылып тигип алдык да, "үйдү алабыз, же үй бергиле!" деп суранып жатып калдык.

Ошол кезде Кадича "Мен коомдун төрайымы болом, мени менен гана сүйлөшүшүңөр керек" деп, аким Бакыт Аскаровичке кирген экен, а киши аны кабыл албай коюптур. Ого бетер чычалап жүрдү. Келишимдин кагазы менде болчу, Кадича Абдрай Зергерлерди ээрчитип келиптир бир күнү:

- Биз үйдү алып беребиз, силер төрайымыңар менен бирдикте болгула, - деди Абдрай Зергер.

- Биз Кадичаны билбейбиз. Мына Миргүл биз үчүн кам көрүп, баардык жакка ал-абалыбызды жеткирип жатат, Кадичанын кереги жок!

- Кадича бизди "Ак үйгө барбагыла!" деген. Эгер барбасак биздин укугубуз тебеленип калмак! - дешип, эки-экиден уруш чыкты. Абдрайды кошо келген адамдары менен кошо дыркырата кууп жибердик. Бирок Кадича мага жасаган тоскоолдугун токтоткон жок. Өзүнчө беш-алты аялды бөлүп алып, жалгандан: "Мен силерге үйдү алып берем" деп алдаганын койбоду, анткени алардан акча алып койгон болчу. Канчалык мен аларга:

- Кадичага алданбагыла, бекеринен жерден да куру каласыңар, - десем:

- Бизге ал үй алып берет, - дейт Арзыкан.

- Койсоңчу, берген акчаңды ал дагы, биз менен бол!

- Жо-ок, Кадича эмне болсо ошобуз да, курдаш, - дешкен Арзыкан менен көзү азиз Соня эжени көндүрө албадым.

- Сиз, Соня эже, жаңылып жатасыз, сизди үйгө жазганбыз, акимчиликтен инвалиддерге үй берилмек.

- Мейли, алгандар алсын, мен Кадича менен эле болоюн, - деди ал дагы болбой. Тим койдум.

Кадича акимчиликке барып мен жөнүндө жаман сөздөрдү айтып жатса дагы, аердегилер аны укпады. Мен кирип барганда Бакыт Аскарович ордунан тура калып учурашып, жакшы кабыл алчу. Биринчи май райондук акимчиликке барам, андан кайра дагы бир мекемесине… Ошентип жүгүрүп жүрүп өз каражатым дагы түгөндү. Айдана апрелде кыз төрөдү, аны операция менен төрөтүштү.

Ынтымагы жок элдин түшүнүксүздүгүнө дагы бир жолу ишендим: бир маал алып келген түшкү тамакты баса калып талашышса биякта туруп уялып бүтөм. Кадича дагы андан куру эмес, мага каршы чыкканы менен ал нан келсе, тамак-аш келсе талашып-тартышып алат. Ала турган жерибиз Биринчи май районуна караштуу болгондуктан, Мар Саккараевге кирүүгө туура келет. Жолума акча жок калганда аргасыз мени күтүп турган элден акча жыйнап берүүсүн сурандым эле, Айгүл, Айткүл, Кенжелер элүү сомдон беришсе, башкалар беш сомдон чогултууга жарабады. Мизаркан эже кээде жыйырма, кээде элүү, отуз сомдон берет, чарчап келсем кафеге алып кирип тойгузат. Бир күнү дагы чарчап кеч келсем Мизаркан эже, Гүлмира, Шакен, Гүлжан болуп тамак жасап алышып мени күтүп жатышыптыр.

- Небере кут болсун, шеф! - деп Мизаркан эже кучактап өөп куттуктады.

- Неберелүү болушуң менен! - дешип ар кимиси бетимден өөп, сюрприз кылып стол даярдап коюшуптур. Стол үстүндө бөтөлкөлөр, вино, арак, пиво турат.

- Рахмат, силерге ыраазымын! - Мен аларга чын дилимден ыраазы экенимди билдире отуруп калдым.

- Небереңдин боосу бекем болсун!

- Денсоолугу чың болуп, кайрымдуу кыздардан болсун!

- Айтканыңар келсин! - дейм мен өзүмдү чексиз бактылуу сезип.

- Жанардын сиңдиси үчүн ичебиз!

- Айдана ушул кыздарынын сый-урматын көрүп бактылуу эне болсун! - деп түндү жара бакылдашып, сыртта отуруп ырдап жаттык.

- Миргүл, ырдап кой эми, азыр сенин толкунданып турган кезиң, ырдап кой! - Эже мага карады.

Мен чатырдагылардын баарын чакырып алдым. Эсен аке аялы экөө тең майып эле, мага сервиз көтөрүп келишиптир. Эсен акени комуз менен ырдаттык. Аялы Бактыкан эже дагы ырдачу. Алар менен бакылдашып отуруп кызыганда:

Кайдан бир келдик захватка,

Кабылып Алмаз акмакка!

Кубалап чыкты ал үйдөн, аа-аай,

Калдык биз ээн талаада!

- деп ырдап жатып, кеч жаттык.

Бизди ошол Алмаз эле кууп чыккандай аны биротоло жек көрүп алганбыз. Ал жолдон өтсө да кыйкырып тийишип калабыз. Бир күнү Шакенди ээрчитип алдым эле, жол киреден качып барбай койду кийинки күнү. Анан жердин картасы бүтпөй, архитектурага далай бардым. Убакыт өтүп жатты. Гүлмира экөөбүз архитектурага бардык, картаны көрүп бүтөйүн деп калды дешкенде абдан кубандык. Жыргал деген мастерди:

- Ай Жыргал, өзүңөрдүн жашооңор жакшы болсо эле башкаларды ойлобойт экенсиңер да. Барып бир көрчү бей-бечералардын жашоосун, бала-чакалары менен кандай күндө жашап жатканын, - дедим.

- Ой эже, билем. Көргөндө эмне. Бир жумадан кийин бүтөбүз картаны, анан жериңерди алып үй салып аласыңар.

- Азыр бизди жеткирип көрүп кел биздин жашообузду, - Гүлмира аны болбой эле шаштырып кирди. - Силер бир мүнөт чыдай албайсыңар биз жашаган жашоого.

- Ой булар балээни чыдайбы, ал турган көргүсү да келбейт. Картаны тезирээк бүтүрбөй кармап жатканын карабайсыңбы. - Мен Жыргалга карадым. - Бол эми тезирээк, жок дегенде жеткирип кой!

Жыргал аргасыз бизди машинасына отургузуп жеткирип коюп жол жээгинен эже кетти:

- Капа болбогула, эже, жакында бүтөт карта. Калыс Ордонун лидерлери дагы улам чалып жатат.

- Эми кудай силерге кубат берсин, тездеткиле, - деп кала бердик.

Биринчи май райондук акими ошол убакта Марс Саккараев болчу. Эртеси Гүлмира экөөбүз аны таппай күтө берип кеч кайттык. Ал мени жакшы таанып да калган, келгенимде дароо кабыл алчу. Кийинки күнү барганыбызда ал:

- Келиңиздер, отуруңуздар! - деди орундук көрсөтүп.

- Келдик, кечээ күнү кечке күтүп кеттик. Эл кыйналып кетти, согушта деле мындай болбогондур: чатырларда кийимчен жатып, же иштен, же аштан жок тажап кеттик. Качан бизди жайгаштырасыңар?

- Эжелер, ошондой болуп жатат, сиздер бизге туура түшүнсөңүздөр, буйруса аз калды.

- Ошенткиле эми, элдин абалына карагыла, силерге кайра-кайра келе берип тажап да, жол каражаттан кыйналып да кеттим.

- Марс, азыр кеткенге акчабыз жок, жол киреге бирдеме берип койсоңор жакшы болот эле… - Гүлмира андан атайын эле сурады.

- Макул-макул, эже, - Марс Саккараев төш чөнтөгүнөн оодарып акчаларын уучтап чыгып столдун далдоосунан элүү сомдук менен жыйырма сомдукту алып мага сунду. - Жолго алып койуңуз эми.

- Рахмат!

Биз аны менен коштошо сыртка чыктык. Биз келсек Болсунбек Жакун мени күтүп отуруптур. Инвалиддер үчүн үй маселеси боюнча:

- Миргүл эже, инвалиддер үчүн үйдү сүйлөшөм деп Бакыт Аскаровичке, мэрге да кирдим, анча-мынча акча үмүт эткендей болуп жатат. Эсен акеден беш миң сом алдым.

- Эмнеге, Болсунбек? Алардан акча үмүт кылса бербей эле койсун. Инвалиддерден үмүттөнгөнү "Күмүш каланган кайнага камыш каланган күйөөдөн үмүт кылат" дегендей болот ко. Майыптар анча акчаны кайдан табат?

- Эже, эми азыр ошондой болуп жатат. Эсен акеден беш миң сом алганымды айтып койойун дедим мен сизге. Акимдер менен мэрди сыйлап койойун.

- Ошончо акчаны ал байкуштар кандай гана мээнет менен тапты дейсиң! Ошо майыптардан кантип үмүт этишсин?! - деп мен жинденип калдым эле, Болсунбек кулжуңдап кетмек болуп ордунан турду:

- Эже, тигилерден дагы алыш керек. Алмира бере алабы? - дейт кайра дагы алкымын созо.

- Ал бере албайт, кайыр сурап зорго жашап жүрөт.

- Айылчиевди дагы кошконбуз, жок дегенде алар беришсин.

- Анарадан сура, - Көңүл кош жооп бердим.

Болсунбек кетери менен Эсен акенин чатырына бардым. Аялы экөө тең базарга ырдап акча чогултуп келишкен экен. Менин үнүмдү угуп Бактыкан жеңе:

- Кел, кыз, - деп күлүп калды. - Бу Болсунбекке жолуктуңбу?

- Ооба, жеңе. Ал сиздерден акча сурап алган тура?

- Анан эмне кылабыз? Өзүбүз майып болсок, бала-чакабыз үчүн дагы керек болот үй берип калса. Алдабас дейм?

- Акчасыз эле өкмөт бермек. Экөөңүздөр тең биринчи топтогу майып болгондуктан берет болчу. Ал сиздерден акча чыгаарын билип алганын кара. Дегеле алдамчылык өнөрү барлар адатын койо балбайт тура, эми бербеңиздер.

- Эсен акең дагы беш миң сом бермек болду.

- Өлүп кеткир десе! Ал эч кандай жүгүргөн жок, жеңе. Оңойдон акча таап көнгөн да. Уяты жок, "Алмирадан дагы алып бер" деп келиптир. Бекер чуркабайт да, шүмшүк. Анан да укук коргоочу болуп жүргөнүн кара! Жайы менен ары-бери жүгүрүп жүрүп беш сом чогулта албай койдум эле, жанымдан чыгарып иш бүтүрүп жатам го?

- Кудай берет, Миргүл. Элдин сообуна калсаң батасын аласың. Кейибе.

Биз сүйлөшүп жатканда Анара келип калды:

- Эже, Болсунбек "беш миң сом бер" деп келиптир, эмне кылайын?

- Өзүң билесиң да. Сенден алса жарашат, үй алып берсе жакшы. Ушу Эсен акелерден алганы бети жоктук да.

- Эсен акеден дейсизби? Сиздерден дагы алды беле?

- Эки-үч күн болду. Эми дагы "беш миң сом таап бергиле" деп жатпайбы!

- Апи-ий шүмшүк, сиздерден акча сурагандан уялса боло?

Ызы-чуу түшүп жатып күз да келди. Сабыр Отонбаевге барсам токтомдун бир көчүрмөсүн берди. Көбөйтүп келдим. Калыс Ордого картаны алып барып Сабыр, Кудус, Жылдыз деген лидерлер менен сүйлөштүм. Ал тургай Кудус менен айтыша кеттим:

- Менин элим талаада жатат, силер да түшүнгүлө!

- Түшүнгөндө биздин атабыздын жери жок да "ме!" деп бере салгыдай.

- Сенин менчигиңди талашкан эч ким жок, мен өкмөттүн жерин сурап жатам!

- Колуңарга токтомду алып келгиле, анан кесип беребиз.

- Мына карта, ушул үчүн жайы менен канча убара болдум. Карта боюнча номерди бергиле, эртең эле токтом жаздырам!

- Азыр Сабыр аке келсин, анан кайсы номер, кайсы жер бош, сүйлөшөбүз.

- Күтүп отургудай ал жок. Ач-жылаңач талаада жаткан бей-бечераларды ойлоп койгула. Эртең келем кайра, чечкиле эртерээк. Эмки иш силерде калды.

- Эртең келсеңиз көрөбүз.

Мен аны бир жалт карап урушуп кетмек болдум да, кайра тим болуп кетип калдым.

Тизме менен жер участогунун номерлерин коюп жаздым да, Сабыр Отонбаевге бердим. Эки күндөн кийин чечим жазылып, акимчиликтен киши келип ар бирине таратып бердик жерди. Ошондо дагы баягы ажаандар рахмат айтканга жарашпады. Калгандары мени сыйлап ар бири экиден пиво ачып берип, ал күнү той болду. Жер үчүн эки жүз жетимиш сомдон чогулткула десе бир тобу аны дагы бербеди. Токтом боюнча жерди бөлүп алууга бир нече жолу убара болдук. Баягы бизге кошулбай койгондор жер албай калды. Өзү макул болбосо дагы Соня эженин документин берип койдум эле, ал илинип калды. Арзыкан, Гүлай, дагы эки-үчөөнү ээрчитип Кадича жер алып берем деп барыптыр. Алар тизмеде болбогондуктан ала албай урушуп кетти. Анын чычалаганы белгилүү да. Ал жайы менен менин үстүмдөн арыз жазып жыйынтык чыгара алган жок.

Мен кечке маал Калыс-Ордодон келсем Шакен бир топ кагазды көтөрүп келиптир. Карап көрсөм Кадичанын менин, Болсунбек Жакундун үстүнөн жазган арыздары экен. Колунан эч нерсе келбегенде аларды аргасыз таштап коюптур. Мага эки жүз миң, Болсунбек Жакунга миллион сом төлөтүп берүүсүн өтүнүп жазган тура.

- Байкуш десе, Кадича Болсунбек экөөңөрдөн акча алып эле байып калмак болгон экен да?

- Алы жетпегенде, "төрайыммын" деп кадыры өтпөгөндө токтотуп жели чыгып калган окшойт.

- Ары жок десе, арыз жазганды коюп, иштегенди билип албайбы?

- Ичи күйүп атат да.

- Өзү элден чыгып алды, адамдай болсо өз жүгүрүп жер албайт беле?

- Жөн гой. Өзүнө кошуп тигилердин да убалына калды.

Биз аларды көпкө сөз кылдык. Кеч күздө жерди бөлдүрүп алдык. Арабыздан көбү дароо эле сатып жиберишти. Жерди алгандан кийин "карылар үйүн бошотуп бергиле" деди Бакыт Аскарович. Мен аерде жашап жаткандарга айтсам тоотпой: "Кыш болуп калды, жазга чейин отура берели" дешкенинен Бакыт Аскаровичке: "Алар быйыл кеч болуп калгандыктан үй сала албай калышты, жазга чейин туруп турса болбойбу?" десем болбой, директорго чалып, чыгаруусун өтүндү. Арадан эки күн өтпөй мен кайра бардым. Адатынча Бакыт Аскарович ордунан тура калып учурашты:

- Келиңиз, эже! Кандай жумуш? - Ал жылмая карап, менден сөз күтүп калды.

- Мен келдим, Бакыт. Өзүң билесиң, кызымдын эки кызы бар, бирин ушул жайда төрөгөн. Азыр же кызым иштебей, же мен иштебей, батирге акчабыз жок, эмне кылаарыбызды билбей калдык. Биздин эл бошотту, бир бөлмөсүнө эки неберем менен кыш чыккыча туруп турсамбы дедим эле…

- А-аа, жакшы-жакшы, эже. Мен директор менен сүйлөшүп көрөйүн, - деп, телефондун кулагын бурап, кыязы карылар үйүнүн директору менен сүйлөштү окшойт, - Маакул, рахмат, - деди да, мага карады. - Эже, мен айтып койдум, жаш балаңар болсо жашап тургула жазга чейин, - деп ордунан турду. - Бара бериңиз да, кирип алыңыз!

- Чооң ырахмат, Бакыт! Ырахмат, алтыным, кудай жалгасын! "Эгер макул болбосо кайра барам?" деп айлам кетип атты эле.

- Шартты түшүнөбүз, эже. Жүйөөлүү сөз жүрөктү жибитет.

- Ыраазымын! Ишиңе ийгилик каалайм, кудай ишиңди оңдосун!

- Сизге ырахмат!

Мен кубанычтуу чыгып кеттим. Дароо эле чатырды жыйып, көчүп барып алдык. Жылуу бөлмөгө келип оңуп эле калдык. Ал жерде ашканадагылары менен жакшы болуп алып, алар бир маал жакшы кылып өздөрүнө жасаган тамактан берип турат. Ошентип жылуу-жумшак балдарым менен жашап калдым.

Ошол жерде жашап жатып күндө эшикке неберемди көтөрүп чыгып жүрүп алтымыштардагы аял менен таанышып калдым. Анын аты Зейнем экен. Экөөбүз кез-кезде сүйлөшүп калабыз. Ошондо ал мага өз башынан өткөнүн айтып берди:

Зейнеп эже төрөлгөндө атасы өлүп калган экен. Эки агасы, бир эжеси бар. Апасы Суусар согуштан кийинки оор жылдарда балдарын эптеп багып чоңойтот. Ал эл менен кошо буудай орукта, жүгөрү отоодо, чөп жыйнап, эгин бастырууда күнү-түнү иштеп тапканын балдарына берип жан үрөйт. Улуу балдары да чоңойгондон баштап колхозго кол кабыш кылат. Эжеси кыйынчылыктан улам он беш жашында согуштан майып болуп келген Камчыбек дегенге күйөөгө чыгат. Камчыбектин ата-энеси бардар турушчу. Седептин калыңына бир уй, төрт кой берет. Кичине сүт ичип, малдуу болуп калганда Суусар катуу ооруп төшөккө жатып калат. Зейнеп ошол кезде үч гана жашка чыккан. Апасы өлгөндөн кийин эки агасы бири иштеп, бири аны карап күн өткөрөт. Беш жашка чыкканда аны тыштап коюп экөө тең иштегенге кетишет. Күзгү убак болуп суук түшүп калган. Кечке эшикте жүрүп күүгүм кирип баратканда ал ыйлап агалары кеткен жакка жөнөйт. Үйүнө келишкен агалары Дайырбек менен Зайырбек карындашын таппай калып, коңшуларынан сурайт.

- Зейнепти көргөн жоксуңарбы, эже?

- Жо-ок, бүгүн ал келген жок, көрүнгөн да жок.

Пейили тар аял Зейнепти жаман көрчү. Анын оюнда ошол кичинекей кызды жаман көрүп: "ата-энесин жуткан кара тумшук" деп ойлоп, үйүнө киргизгиси келчү эмес. Зейнеп анын баласы менен ээрчип келип калса кууп жиберчү. Бала болсо да ошондон заарканган кыз анын үйүнө баргандан коркуп агалары кеткен жакка кетип жатып арыктагы сууга түшүп бир аз агып барып кийиминен илинип калып кыйкыра албай титиреп жата берди. Суурулуп чыгууга кудурети жетпей, үшүп үнү да чыкпай калган кезде Дайыр издеп кетип атып анын кыңылдаган үнүн угуп үйүнө көтөрүп келген. Тоңуп калган кыздын кийимин которуп ысык чай беришип, от жагып жылуу сууга салып төшөккө ороп коюшат. Ошондо катуу суук тийип, бир ай ооруп калгандан кийин эжеси Седеп алып кетет. Төрөлгөндөн тагдыры татаал жагына оогон Зейнеп эжесинин балдарын багып, ишин жасап эптеп чоңойот. Ал чоңоюп он төрткө чыкканда эле Камчыбек аялына:

- Зейнеп чоңоюп калды, бир жерге жайгаштырып койолу, - дейт.

- Койсоңчу, ал жаш. Эмитен күйөөгө бербей эле туралы. Дагы бир-эки жылда чоңоюп калат, анан деле берсек болот, - Седеп сиңдисин күйөөгө жаш бергиси келбейт.

- Чоңоюп эле калды, жакшы жер чыгып атат. Колунда бар. Зейнеп бактылуу болот, буйруса…

- Камчыбек, Зейнепти жайына кой. Шашпасак деле маңдайына жазганын көрөөр, байкушум энеден, атадан эрте калды.

- Седеп, алтыным десе, мен Зейнепке жамандык кааламак белем, бактылуу болсо деп гана ойлойм.

- Түшүнүп атам сени да, бирок ал али жаш, он төрткө эми чыкты. Агаларын үйлөнтүп койсок анан деле бир жолу табылаар…

Седеп таптакыр болбой койгондон кийин Камчыбек өзү сөз берип койгонун эстеди. Арадан он чакты күн өткөндө Зейнепти буту-колун бууп алып качып кетишти. Седеп күйөөсүнөн көргөнү менен ал мойнуна албады. Дайырбек менен Зайырбек карындашын алып келмек болду эле, тууган-туушкандары көп, колунда бар немелер башкарманы, колхоздун атка минерлерин ортого салып жатып, кызды бербей коюшту. Зейнеп татынакай болуп чоңоюп келе жаткан. Ал убакта уул бала да, кыз бала дагы ата-эненин тилинен чыкчу эмес. Кайненеси жаш кызды өз койнуна алып жатып, уулун жолотпой эки жыл сактап, анан он алтыга чыкканда гана той берип үйлөнттү. Кыздын калыңына он кой, бир жылкы, бир уй беришти. Улуу агасы Дайырбек үйлөнүп өзүнчө жашоолорун улантып калышты. Зейнеп күйөөсү менен жашаганына беш-алды жыл болсо да согончогу канабады.

- Эмнеге төрөбөйсүң? Эмгиче балалуу боло албадык, - деди бир күнү Өскөн.

- Билбейм, - Зейнеп күнөөлүүдөй жер карады.

- Төрөбөсөң башка аял алам, сенин үстүңө алам, кетем деп ойлобо, - Өскөн аялын жекире карады.

- Кантип? Андан көрө мени койо бер, төрөбөгөн күнөөм үчүн мени кыйнабай, ажырашып алалы.

- Жо-ок, мен сени кетирбейм, бирок төрөй турган аял алам! - Өскөн өз сөзүн койо бербей көгөргөндө Зейнеп кайненесине айтат. Кайненеси эркектей болгон, анча-мынчаны өзү чечкен аял эле, уулуна:

- Аял алсаң Зейнепти кетирели, мунун да убал-сообу бар. Муну кармаганда болбойт, - дейт.

Аргасыз Зейнепти агаларын чакырып кошуп беришет. Агалары ал кезде өз-өзүнчө жашап, үйбүлө күтүп калышкан. Өңдүү-түстүү, жыйырма бешке жаңы чыккан, болуп-толуп турган Зейнепке бат эле өз айылынан күйөө чыгат. Аны менен ал ажырагыс болуп чоң сүйүүнүн кемесинде калкып сүйлөшүп калат. Турар айтканынан кайтпаган, өрттөй күйгөн жигит Зейнепти катуу сүйүп калат. Апасы аны:

- Балам, Зейнеп жакшы келин, жаш. Бирок ал төрөбөгөнүнөн ажырашып келди. Төрөбөгөн аял менен куураган дарактын айырмасы жок. Сен балалуу болушуң керек, - деп айнытканга аракет кылып каршы чыкты. Бирок Турар болбоду:

- Зейнеп жаш, апа. Ким билет, балким төрөп калаар.

- Төрөсө беш-алты жыл жашаган күйөөсү койо бермек беле?

- Төрөбөсө дагы кайылмын!

- Кантип?! Тукумсуз өтмөк белең?

- Маңдайга жазганын көрөөрмүн. Зейнептен башкага үйлөнбөйм! - деп болбой туруп алганда апасы аргасыз макул болуп аны алып берет.

Турар менен он жылдай жашаса да балалуу болбой, кайненеси аны каарый баштады:

- Уулумду сулуу өңүң менен азгырып, баласыз өткөрмөк болдуң, айт ага, башка аял алып ушундайда балалуу болсун.

- Мен азгырган жокмун, апа. Азыр деле колу-жолу бош, алам дегенин алып бере бергиле.

- Сен турсаң кайдан алат? Сен бул жерден кетишиң керек!

- Болуптур, мен кетейин.

Зейнеп көзүнүн жашын көлдөтө тагдырына таарынып, кийим-кечесин алып, Турар жокто үйдөн чыгып кетти. Эжесиникине келип ботодой боздоп ыйлап, доктурга көрүнүп көрүүнү ойлонот. Доктор аны эне болууга жөндөмсүз экенин айтканда ого бетер ыйлап, үч күнү ордунан турбай жатып калды. Турар келип канча айтса да болбой койду, анткени кайненесин эстегенде таптакыр баргысы келбеди:

- Турар, мен доктурда болдум, төрөй албайт экемин, сен ушундайда төрөй турган аял албасаң болбойт, мени унут!

- Кантип? Биз бири-бирибизди сүйөбүз да?

- Балалуу болалбагандан кийин сүйүүнүн пайдасы жок экен, мен кайттым, сени унутууга аргасызмын!

- Эмнеге? Сен мени сүйбөсөң керек, болбосо минтпейт элең? - Турар анын жанынан чыккысы келбейт.

- Сүйөм, бирок балалуу кыла албасам, ал сүйүүнүн мага эмне кереги бар, Турар?

Зейнеп ыйлайт, жалынып-жалбарып өтүнгөн менен Турар айтканына көнбөйт:

- Төрөбөсөң гой, мага сен жанымда болсоң болду.

- Бала болбосо, биз экөөбүз картайсак жашоо кунарсыз, суз болуп өтүп кетет. Се нойлон, али жашсың, үйлөнүп балалуу бол!

Экөө ушинтип бири-бирин кыялбай бирде ыйлап, бирде күлүп аткандай кайненеси келди. Ал Седеп менен сүйлөшүп, анан келин-уулуна:

- Жетишет. Турардын жолун тоспо. Баламдын туяксыз өтүшүн каалабайм. Төрөбөгөндөн кийин азгыра бербе! - деп катуу тийет.

- Апа, эмне деп жатасың? Бул мени азгырган жок, кетели десем болбой атат. Ушу сен бирдеме десең керек? - деп Турар тура калат.

- Сен жалгыз баласың, тукумсуз болуп калышың болбойт, сенин жашың кыркка чыгып калды, үйлөнтөм сени эртең эле.

- Ошону өзүң ала бер. Мен башкага үйлөнбөйм.

- А мен Зейнептин үйүмө кайрылып барышын каалабайм!

Энеси булкуна чыгып кетет. Турар анын артынан чыгат да, үйүнө келип мал короого кирип асынып алат. Эртеси Зейнепти туугандары келип алып кетишет. Боздоп ыйлаган келинин кайненеси каргап-шилеп, Зейнеп Турарды жайына койгонго араң чыдап, анан Седеп менен кетип калат. Үйгө келип, Турардан айрылганына катуу күйүп жатып нервден ооруп бутунан жылбай, эч ким менен сүйлөшпөй да калат. Ошентип он эки жыл жатып калат. Агалары көргөзбөгөн доктуру, көзү ачык, дарыгерлер калбайт. Акыры кырк сегиз жашында бир дарыгер:

- Сиз басасыз, күнүнө элүү, анан жүз граммдан арак ичип коюңуз. Анан куландан соо болуп кетесиз, - дегенде:

- Ушу жашка чейин ичпеген ичкиликти кантип ичем? - дейт таңдана.

Зейнеп өзү өмүрүндө ичкилик татып көрбөгөн..

- Денсоолугуңуз үчүн баарын жасоого тийишсиз, - дейт дарыгер чыгып баратып. - Эгер айтканды жасабасаңыз башка дары сизге жардам бере албайт!

Зейнеп ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, эжеси алып келип берген арактан аз-аздан ичип күчтүүлөп тамактана берип, эки-үч айда бутунан туруп басып кетти. Ошентип агасынын кичүү уулун багып алып, өзүнчө тиричилик кыла баштады. Баккан бала тентек чыкты. Чоңойгон сайын Зейнепти укпай каалаганын жасап, бейбаштык кылганынан агасына кеңешти:

- Мен Тынчтыкты бекер эле багыптырмын. Аны мен тарбиялай албадым, кеч болуп кала электе өзүңөргө эле берейин.

- Мейли эми, бирок жалгыз кыйналасың го? - Дайыр ага боору ооруй карады.

- Эмне кылайын? Пешенем ушул болсо кантем? - дегенде жеңеси Алмагүл:

- Баланы эки анжы кылдың. Акыры жалгыз жашай турган болгон соң тынч эле өзүң жашасаң болмок, - деп калды.

- Болду, болоору болду. Жакшы болобу, бейбаш болобу, кайда-кимде болсо да баары бир да, - Дайыр Алмагүлдү тыйды.

- Кантейин, пешенем ушундай болуп калды.

Зейнеп көз жашы кылып алып, өз үйүнө кетти. Өз үйү ата-энесинен калган эски там болчу. Эки агасы өздөрүнчө жаңы там салып, бул үй кароосуз калганда ага Зейнеп келип кирип алган. Бирин-экин жандык курап алып, ошол үйдө күн өткөрүп жатты. Тынчтык анын жалгыздыгынан пайдаланып, кой-эчкисин уурдаганга өттү. Ан үчүн агасы үндөбөгөн менен жеңеси:

- Баланы бага коюп жаман өстүрүп койду. Мага десе өзүн өлтүрүп кетпейби! - деп ачык эле айтчу болду.

- Койсоңчу, Зейнепте эмне күнөө? Балаңдын акылсыздыгы. Көзүнүн карегиндей карап бакканына көпкөн да, - деп эрди-катын урушуп калышат. Зейнеп аргасыз Зайырбектикине, эжеси Седептикине он-он беш күндөн барып жүрүп калчу болду. Зайырбек боорунан ооруп жакшы боло албай жүргөн. Ошол жылы ал дагы дал атасынын курагында кете берди. Жеңесине караан болуп, мал-салына көз болуп анда жашап, өзүнүн жандыктарын кошуп алып көңүлү тынып калган. Агасынын өлүмү жүрөгүн оорутуп кайгы салып кеткени менен тиричилик улана берет эмеспи. Андан кийин жеңеси ооруп төшөккө жатып калды. Зейнепке оор болду. Келиндери аны жактыра бербей, аргасыз аерден Седептикине келди. Анын дагы келин-кыздары аны өгөйлөп жаман көрөт. Зейнеп аларга жалынып-жалбарып, жумушун жасап жиберет. Көз караштарынан сезип эле өз үйүнө кетип калды: "Жашым алтымышка келди, жарытарлык күн көрбөдүм. Дагы канча жашаарымды ким билет? Ысык-жылык тамак жасап берээрим болбосо, кара жанымды кыйнабай эле карылар үйүнө кетип калайын" деп ойлогон Зейнеп жандыктарын сатты да, Дайырбекке келди. Агасы аны колунан келишинче сыйлады. Жеңеси болсо көзүнүн төбөсү менен карайт:

- Ийи, көптөн бери келбей кеттиң, үйдөн көрүнбөгөнүңөн күйөөгө тийип кеттиби дедим эле, - деп кергиштеди.

- Ээ жеңе, "башка түшсө байтал жорго" деген, тагдырыма жазганды көрүп атам.

- Ушинтип жүрбөй чал болсо да тийип ал да, өлсөң да көмөөргө жакшы.

Ушул учурда Дайырбек кирип келди:

- Эмне деп жатасың? Карындашымды эч кимге кор кылбайм. Сенин эмнең кетип жатат, ыя? Карысаң деле чуутуң калбайт да?

- Эмне болуп кетти анчалык? Эми карыганда жалгыз жашаганча чалга тийип алсын деп атам. Карындашың эми жашпы, алтымышка чыгып калды.

- Жөн жүрчү. Үйгө анда-мында келсе унчукпай эле койбойсуңбу? Биздин үйдө жашаса да болот.

- Аке, мен үчүн жаман-жакшы айтышпагыла. Мен силер менен кеңешейин деп келгем, жалгыз кыйналдым… - деп ылдый карап калганда жеңеси:

- Айтпадым беле, бу карындашың өзү деле күйөө чыкса тиймек, - деп табасы кангандай күйөөсүн жылмая карады эле, Дайыр аны сөгүп калды:

- Ата-аңдын оозун урайын десе, сөзүн чыдап укпайсыңбы?

- Мен карылар үйүнө кетейин деп чечтим…

Зейнеп аларды тытыштырбайын дегендей айтып калды.

- Эмне дейсиң? - Дайыр аны түшүнө бербей карап калды.

- Антпесем силердин оокатыңар өзүңөрчө, менин жашоом өзүнчө, түрткүнчүк болбой эле ошол жакта жашай берейин. Өлсөм ызааттап сыйлап ата-энемдин жанына коюп койоорсуңар!

Зейнептин үнү каргылдана, көз чанактарына жаш толуп чыкты.

- Ошо кантип болсун! Уккан элге уятка калабыз, андан көрө ушул жерде жаша! - Дайыр жетимиш бешке барганы менен кырчоо, өз сөзүнөн жанбаган неме болчу. - Сени карылар үйүнө жиберип коюп кантип басып жүрөм, ыя?

- Барса барып аяктын жашоосун дагы көрсүн, - деди Алмагүл кыйгачтай. Анын оюнда Зейнеп биерде болгонго каршы болуп турган.

- Айланайын карындашым, эсиң менен болчу. Мен сени эч жакка кетирбейм. Бизде уят, намыс деген бар. Менин деле өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды, - Аялына карады. - Ушу сенин жамандыгың, ушуну жаныңа алып эле бөйтөңдөп жүрө тургансың, эрмек деле болбойбу?

- Мен эмине, кубалап жатамбы? "Балам жок" дегенинен баламды бердим, келсе келип эле жатпайбы? - Алмагүл жактыра бербей ага карады. - Агаң экөөбүз сен келсең эле айтышып калабыз, жөн келип жөн кетпей сенин да азабың өттү эч жерге батпай.

- Кой, мен кеңешейин деп келгем. Эртең бирин-экин жандыкты сатып шаарга кетем. Менин дагы канча жашаарымды бир кудай билет, мен үчүн урушпагыла.

Зейнеп эшикке чыгып кетти. Дайырбек отурган жеринде үнсүз мелтиреди: "Биерде жүрсө Алмагүл буга күн көрсөтпөйт. Күйөөдөн да жакшылык көрбөдү. Мейли, жок дегенде кулак-жаны тынч жашай турсун. Тынчтыкты үйлөнтсөм алып келем, 'балаңарды багат' деп шылтоо кылам" деп ойлонуп калды.

Эртеси Зейнеп жандыктарын болушунча сатып ийди да, кийим-кечесин алып кетип атканда Дайырбек аны узатып келип, колуна миң сом берди:

- Кантейин, мен бир тууган болсом да, жеңе бир тууган болбойт экен. Аман жүр, өзүм кабар алам, - деп карындашын кыса кучактап чекесинен сүйө таксиге салды да, узап кеткиче колун булган карап турду.

Ошондон бери үч жыл болду, ушул жерде жашап жатам. Агамдын ооруп жатканын угуп барып, аны да узатып келдим. Эми эжем бар. Алтымыш бештемин. Эжем карып калды, мага келип ыйлап-сыктап, "алып кетем" дегенине болбодум. Өз балам болбогондон кийин жээндерге карыганда жүк болбоюн деп койдум, - деди эже мага карап күлүмсүрөй.

Анда-мында ичип койгонун көрүп эле жүрчүмүн:

- Анда-мында ичип койосуз го? - дедим мен да ага күлө.

- Ой куруп кетсин, кылаар ишим жок, кардымды тойгузуп алып жатмай…

- Эригесиз го ээ?

- Айтпа! Эриккенде шыпты карап жатып, өзүмө-өзүм: "Жүрү, жүздү баспайлыбы?" дейм да, дүкөнгө барам.

- Анан?

- Анан ичке жүз грамм киргенден кийин: "Кой эми, дагы бир жүздөн алалы" деп жүздү ичип алам. Анан достор пайда болот "Койчу эми, дагы бирди алып кой" дегенде тартынбай алып жиберем да, кирип жатып алам, - деп Зейнеп эже каткырып алды.

Ошентип зериккенде аны менен кобурашып, убакыттын өткөнүн сезбей да калам.

Аңгыча жаз келип, кыштын кандай өткөнүн да сезбей калдык. Айлананы тазалап жатканда директор мага келиптир:

- Жалаң захваттын эли туалетти толтуруп кетти, силер тазалагыла, - дейт.

- Ой чоң кыз, ошолор кетип жатканда айтып тазалатып калбайт белеңер? Бирөөнүкүн мен тазаламак белем? Биз өзүбүзгө тиешелүү жерди тазаладык, калганына тийешем жок, - мен өз билгенимди койо бербедим.

Кантсе да жайы менен захваттын эли жашап, алардын бир-экөө кышында жашап чыгыш үчүн "падход" кылганын уккам. Бакыт Аскаровичтин күчү менен арга жок чыгып кетишкен. Мен болсо алты ай жашап, ага "падход" кылбаганым анын жинин келтирди го, атайылап мага киши да жибере баштады:

- Беш жүз сом төлөсүн дейт, кышы менен жашаганыңарга.

- Беш жүз сомду кайдан табам, чоң кыз? Ошону табалбаганыбыздан жаш балдар менен ушул жерде отурабыз да!

- Аны билбейбиз, директор айтып жатат.

- Директоруң айтса тапкыча күтө тургула.

- Канча күтөбүз?

- Эми тапсак эле беребиз, өзүм алпарып берем! - дедим эле унчукпай кетип калды жиберген кишиси.

Март айынын акыры болчу анда. Анан апрелдин 15теринде үч-төрт жумушчусун ээрчитип алып директор Дамира өзү кетиптир:

- Акчаны бериңиз да, эртеңден көчүңүз! Сиз ишенген Аскаровичиңиз кетти, мен карыларды киргизем!

- Акчаны тапсам алда качан бермекмин. Деги башында айтсаңар болмок "төлөп тургула" деп, - Мен дагы "чыккыла" дегенине ачуум келе тирелип туруп алдым.

- Төлөгүлө дегеним жок да. Жашап кеткендерди сиз тейлеп жүрбөдүңүз беле, ошон үчүн алардын мусоруна төлө деп жатабыз.

- Өзүң ойлосоң, чоң кыз, ырас аларды мен акимчиликтин тапшырмасы, келишим түрүндө карап жаттым, бирок алардын мусоруна мен жоопкер эмесмин да.

- Баары бир, сиздин кишилериңиз да?

- Алар менин кишилерим болгону менен балдарым эмес, мына биз өз мусорубузга төлөдүк, туурабы?

- Кандай болсо да төлөп анан кетесиңер, - Дамира басып кетип жатканда:

- Мен анда өз муктаждыгым боюнча, жетишпеген үйбүлө катары жаңы акимге дагы кайрылам, ошол төлөп бер десе төлөйм, - дедим эле токтой калды:

- Эже, мындай ызы-чуунун эмне кереги бар? Андан көрө жөн эле сүйлөшөлүчү. Эки-үч күн убакыт берем, үй таап алып көчүп кетиңиз, акчаны тапканда алып келесиз, - деген бойдон кетип калды.

Талуу жерине тийгенимди билдим. Ансыз дагы карыларга келген жардамдарды өздөрү бөлүшүп: "Май кармаган бармагын жалайт" болуп кароосуз, аргасыз көз каранды болуп жаткан адамдарга суу шорполорду шылдыратып берип жатканын көрүп калдым. Канчалаган боорукерлер акчасын акчалай алып келсе өөнөп-өлчөп көнгөндөрү көңүлдү чөгөрөт. Анан аргасыз бир бөлмөсүнө кайрымдуу адамдын арты менен убактылуу жашаганымды көрө албай, менден да бирдеме өндүргүсү келгени жинимди келтирди: "Алдым-жуттум болуп көнгөн буга окшогондор кийинкисин ойлобосо керек, бейбечаралардын эсебинен жашап кийээрине кийим, минээрине машина, ичээрине тамак болуп, кызарган буюм көрчө жулуп алчудай болгон мындай адамдар бу дүйнө болбосо тиги дүйнөдө жооп берип, тозокто кайнаганча бир канча бечаранын ырыскысына тең шерик болуп жатпайбы" деп ойлоп койдум. Үч күндөн кийин батир таптым да, көчүп кеттим. "Акча төлө" деп айтпады.

Ошол убакта бийлик алмашып, жер басып жатышканын угуп мен дагы Орто Сайга бардым. Байкасам кайдагы эле чиренгендер, мингени машина, көтөргөнү сотка болгон немелер алдына бей-бечараларды салып алып жер-жерди басып атышыптыр. Мен өзүмө окшогон колунда жокторду чогулттум да, топтошуп турган адамдардын жанына бардым. Лира деген аял экөөбүз тирелише калдык:

Эмне, биз дагы жер алууга акыбыз бар! Силер алган жерди неге биз алалбайбыз?

- Биз мурун келип ээлегенбиз, башка жерге баргыла!

- Эмнеге башка жакка барам? Дал ушул жерден ары жагын биз алабыз! - Мен жипти тартып жанымдагы Гүлмира менен Гүлжанга кайрылдым. - Болгула, жиптин бир учун талга байлагыла!

- Байламактан дубал урсаңар дагы бербейбиз! - Бирөөсү менин колумдагы жипти тартканда бакырып жакадан алдым:

- Атаңардын жериби же көтөрө келдиңер беле бир жактан?! Эми тийип көргүлө, колуңарга өлүп берем! Кыргызстанда жашап жатып кымындай жерге жетпесек биз ким экенбиз?! - дегенимде балдар артка жыла берди.

Он чактыбыз ошол жерде күндөп-түндөп жатып кайтарып калдык. Аз күндөн кийин алар менен чогуу чатыр тигип, биригип алдык. Мен ошондо дагы адамдардын эки жүздүүлүгүн түшүндүм. Эптеп эле бирөөлөрдүн эсебинен өкмөткө кайрылып жатып канчалаган чектерди сатып алып, кайрадан акчалууларга сатып, акчасы жетпегени жүгүрүп жүрүп алакандай жер алалбай калганына күбө болдум. Мэрге, акимчиликке барганда жылаң аяк, жылаң баш, жайык төштөрдү алдыга коюп бей-бечаранын үнүн жеткирип, жерди алганы келгенде акчалуусу убакыт коротпой эле бала-чакасына, урук-тууганына алып коюшат. Чогулушка чоңдор келсе дале баягылар "аягыдай эчтекебиз калган жок" дегендей башын тосот, жерди ала келгенде чиновниктердики. Жайы менен бир чиновниктин жерин кайтарып жатып, күзүндө Военно-Антоновкага сүрүлүп бардык. "Коом менен ассоциацияларга берилет" дегенди угуп, жыйырмадай кишим менен ал жерге бардым. Биздин лидерибиз тизмеге келгенде башкаларын жазганда дагы алдыга эптеп чыктым:

- Дамир, жаз мени, менин кишилеримди жаз! Эмнеге биз тааныбагандарды кошуп жатасың? - деп кыйкырдым эле, ал мени бир карады да:

- Айтыңыз! - деди көңүлсүз.

Түрткүлөшүп жаткандарды ары-ары түртүп, биздин кишилердин аты-жөнүн айтып, кагазды тикирейе карап өз көзүм менен көрүп ишенгенден кийин эл ичинен чыга бердим.

- Кана биздикилер? - ары жакта бир топ өздөрүнчө ызылдап атат.

- Силер менен жайлата жүгүрүп бас деген жагыңарга барып жүргөн бизди кошпосоңор көрөсүңөр. Силер алдамчы, жер сатарсыңар! Кимиси акчаны көп берсе ошого ооп кете бересиңер!

- Ошону айтсаң, тетигил беш аял мурун жок болчу, алар тиги Ак-Өргөөдөн да жер алган имиш, эми биякка баласы менен кызына алганы келиптир.

- Анын баары мына булардын кылганы да, акчанын чети көрүнсө булар баарын сатуудан кайра тартпайт! - дешип ызы-чуу болуп жатып, көптө бүтүштү.

"Тынчтык" тобуна биринчи катардан бөлүндү. Ээрчиткен адамдарымды эптеп бөлдүрүп берип, анан кечке отурдук. Ар бир топ өзүнчө күндө өз ара чуулдап уруш-талаш менен бир ай өттү. Баягы жер алгандардын көбү жаңы болуп чыга келди. Дамир Жуманаевдин ушундай бир көз бойомочулугу бар экен, жакшынакай сүйлөшүп туруп эле будамайлап кетет. Чуру-чуу түшүп жүрүп тажагандардан үч-төрт киши калды эле, аларды Дамир заматта алмаштырып койду. Бир күнү кудам келгенинен Дамирге сүйлөштүм:

- Дамир, кудам жер алам деди эле, ошого жер бер. Акчасы бар, качан сүйлөшөлү?

- Эже, как раз кайненем кыйын болуп, аялымды жөнөтө албай жаттым эле, эгер болсо бүгүн берсеңиз келээрим менен сөзсүз берет элем, - деп калды.

Акчаны угуп шыпылдаганына таң калдым:

- Кечинде сүйлөшкөм, азыр шаарда. Сөзсүз уят кылбай турган болсоң алып берем.

- Анда эртең эртеменен чалам! - Ал сүйүнүп кетти.

Эртеси мен кудама жолугуп он миң алдым да, эми чыгайын деп атсам өзү чалып калды:

- Эже, эмне болду? Кудай уруп кайненем өтүп кетиптир, бир жакшылык кылып туруңуз, келээрим менен даярдап берем!

- Азыр акча колумда, каерден жолугалы:

- Сиз каердесиз?

- Мен Ош базарындамын.

- Анда мен "Кыялдын" алдындагы стоянкада турам, - деди.

Мен аны күтүп калдым. Он-он беш мүнөттө жетип келип колумдан акчаны алды дагы, кайра-кайра рахматын жаадырып жөнөп кетти. Документин кошо колуна карматтым.

Арадан он чакты күн өткөндө келди. Ленин райондук акимчиликтен жолуктук. Көпкө чейин ишенип эле жүрө бердим. Анан баягы биз менен жер алгандардан шыбыш угуп калдым: көрсө ал мага окшогондордун далайынан акча алыптыр, тил каттары бар экен. Ошондо эсиме келип мен дагы Дамирди жолугаарым менен демитип кирдим:

- Дамир, түшүнүк кат жазып бербесең болбойт, уяттуу кишилерге жаман көрүнүп калбайын.

- Мейли, эже, жазып берейин, - деди ал токтолбой эле.

- "Жер алып бералбасам өзүмдүн жеримди берем" деп жаз.

- Ошо кантип болсун, эже? Ишенбей атасызбы?

- Ишенбейт экенсиң да, көз көрүнөө биринин ордуна бирин алмаштырып жатасың.

- Ой эже, кээ бирөөлөр отказ кылып кетип жатат, ошолордун ордуна киши киргизип жатабыз.

- Мейли эми, араңарда жүрсөм далай ишиңерге күбө болоормун өлбөсөм. Бирок жаман жол менен кетип атасыңар.

Дамир кызаңдап тим болду да, аргасыз өз жерин берерин жазып бермек болду.

- Макул эми, көрөбүз дагы, балким жакшы бүтүрсөң клиент таап берем.

- Иштешебиз, эже, - деди дагы өз ишине киришти.

Мен анда Дамир Жуманаевди издеп таппай далай адамдар сымал алданып, кудама жаман көрүнүп калаарымды кайдан билдим? Колума тийип калчудай кубанып жүрбөйүмбү. "Акимчиликте токтом чыгат" деп күтүп жүрөбүз. Менин аңкоолугум, окшош фамилияны көрүп алып кубанып жатыптырмын. Кудамдын кызынын атын билбейт экемин.

- Мына азыр булар менен аласың, - деп өзүм ары басып кеттим.

Бир убакта:

- Эже, мен эмес экемин, фамилиябыз эле окшош экен, - десе болобу?!

Делдейе түштүм, ишенбей Акылбекке да кирдим.

- Ай, кана берчи тизмеңди? - деп карап аты башка, атасынын аты окшош экенин көрүп Дамирди жеп ийгим келип дароо телефон чалдым:

- Дамир, ушунчалык алдамчы болбосоң кантет, ыя? Кана баягы убадаң?

- Эже, мында кирбей калды, эмкиде сөзсүз! - деп кебелбей гана сүйлөп турат.

- Уятың жок тура, азыр жолук мага!

- Эже, кечирип койчу, азыр мэрде жумушум бар эле, киргени турам, - деп телефонун басып койду.

Тигилерди жайгарып койдум да, өзүм кыжаалат болуп анын артынан түшмөк болдум. Гүлжан экөөбүз ээн талаада чатырда балдар менен жашап жатканбыз. Суук түшө баштаганда Октябрь райондук акимчиликке бардык. Жайы менен жүрүп бир жер алалбаганыбызды айтып арыздандык.

- Документ алып келгиле, бирден жер алып берейин, - деди Исаев ошондо.

- Өзүбүз чатырда жашап жатабыз, батирге төлөгөндөй акчабыз жок, темир терип жан сактайбыз, - Гүлжан инвалид кызын ээрчитип алган болчу. - Мына бул кызым да оорукчан, - деди.

- Мен эки неберем менен жашайм, кызым экөөлөп биз деле темир теребиз, - Мен Гүлжандын сөзүн ырастадым.

Зам.аким чөнтөгүнөн миң сом алып чыгып секретар кызга берди.

- Майдалатып келчи.

- Макул, - деп катчы кыз чыгып кетип, кайра келип акчаны зам.акимге берди эле, ал Гүлжанга беш жүз сом сунду:

- Муну чай ичип койуңуздар, анан "Коломто" деген үйгө жазып жөнөтөбүз, суукта калбай ошол жерге баргыла.

- Мейли айланайын, ырахмат, - деди Гүлжан.

Экөөбүз ээрчише сыртка чыгып базарга барып кафеге кирдик да, калган акчаны эки бөлүп алып, чатырга келдик:

- "Коломто" дегени кандай үй болду экен, ыя? - Мен Гүлжандан сурай кеттим.

- Жанагы, телевизордон берген "Коломто" чыгар.

- Кызык, аерде эмне, чогуу эле жашайт бекенбиз?

- Билбейм ай. Адегенде бир көрүп келип, жашай турган болсо барыш керек.

- Ошентели анда.

Бир чечимге келип, өз ордубузга жатып калдык. Эртеси ээрчишип алып дарек боюнча "Коломто" деген жерге бардык. Кайрымдуулук үйү экен. Кире бергенде эле эки оруска окшогон кыздардан сурасак, алар "орун жок" деп коюп кирип кетти. Биз болбой эле директорун сурап кирип бардык. Экинчи кабатындагы директорунун кабинети ачык экен.

- Мүмкүнбү? - Мен кыңайта ачып сурадым.

- Кириңиз! - деди кара торусунан келген чачы кыска кыргыз аял, - Келиңиздер!

- Келдик, - Мен акимдин мөөрү коюлган кагазды акырын алдына койдум.

- Да-да, качан келесиздер?

- Силер уруксат берсеңер келе беребиз.

- Анда бүгүн бөлмө бошотуп койобуз, эртең келиңиздер, - деди саал жылмая.

- Рахмат!

Экөөбүз жарыша жооп айтып ыраазычылыгыбызды билдире аерден чыктык. Көрсө жанагы эки кыз деле ошол жерде жашайт турат. Өзү бечара болуп туруп, ичи тар, мээримсиздигине таң калдым. Көрсө алар көп жылдан бери турат экен. Бир тууган эже-сиңдилер балдар үйүндө өсүп, биротоло орус мүнөз болуп, кайрымсыз болуп калган тура.

Эки күндөн кийин көчүп келдик. Бир бөлмөнү атайын бошотуп коюптур. Жылуу, таза үйгө жайгашып оңуп эле калдык. Өңгөдөн да жаңы басып жүргөн неберем узун коридордо ары-бери басып оңуп калды. Жан кашайткан дагы бир санаадан арыла бир аз болсо да эс ала түштүм. Туруктуу жумушуң же соодаң жакшы болбосо шаарда бат эле өз атыңды таппай калчудайсың. Адам баласын жетишпегендик, чучукка жеткен азап менен көңүл ооруткан ыза бат эле сазга чөктүрүп коюусу ажеп эмес экен. Алып-жулуп бирөөнү алдаган адатым жогунан аргасыз намыс кылбай өкмөткө кайрылып жатып ал жерде көпкө жашап калдым. Күндө эртең менен аскерий тартиптеги жашоого өттүк, анткени балдардын уйкусун бузуп ойготуп, таптаза отуруп калыш керек экен. Өз үй, өлөң төшөгүң болбогондон кийин ага да ыраазыбыз. Бирок негедир эле аерде иштегендер бизди өөндөп тийишип туруп алды.

- Бу кандай эле силер укпайсыңар ыя, керилип өз үйүңдө жаткансып жатасыңар?! - деп эле Соня бир күнү каалганы ачып кыйкырып калды.

- Биз эбак эле турганбыз, жыйналып эле турбайбы? Эми жыйнап коюп төшөктүн үстүндө жатса да болбойбу? - дедим мен башымды көтөрө. Анткени кичинекей кыздарымды ойготуп постелди түздөп, анан кайра жаткырып койсок уктап калышкан.

- Тургула! - деп коюп кетип калды.

"Башы оорубагандын кудай менен иши жок" деген сөз туура го. "Үстүндө үйү болсо, 'өлүп көрүптүрмүнбү?' деп, булар бирөөгө көз каранды болбосо билбейт да" деп ойлуу отуруп калдым.

Андан кийин күндө эртең менен туруп алып бардык бөлмөлөрдү карап чыгам, горшоктору баласын тоскон бойдон ачык, шым-памперстери жыйылбай ар жерде, өздөрү постелдерин жыйбай уктап жаткандарды көрдүм: "Мурунтан жашап көнүп калгандарга эчтеке дебей эле, жаңы келгендерди кемсинтип турат окшойт. Эх, бир кезде мен деле үйлүү-жайлуу эмес белем, айланамда не деген жакшы адамдар бар эле. Ошондо да мен эч кимге өйдөсүнгөн эмесмин. Анда айылда жүрүп үйсүздүк деген эмне, бейбечара менен бомж деген ким - билбептирмин. Көрсө Союздун күчү тура" деп коридордо жаткан аргасыз адамдарды көргөндө жүрөгүм тыз дей түштү. Бутун үшүк алган, аракеч болуп үйбүлөсүнөн ажыраган, кароосуз бараар жери жогунан ушул жерге туш келгендер булардын жаман сөздөрүнө кайыл эле…

Дамирге жолугуу үчүн акимчиликке барып, ал жерге келбегенинен телефон чалдым. Ал:

- Эже, Ош базарынын жанындамын, келе калбайсызбы? - деди.

- Кайсыл жерде болосуң?

- Мосттун үстүнөн күтөм.

- Болуптур, азыр барам, - дедим да шашылыш жөнөдүм.

Жаным саатта жетип келсем жок, кайра чалдым:

- Азыр барып калам, - деп телефонду өчүрүп койду. Он-он беш мүнөттөн кийин келип калды.

- Ай эмне болду? Бу сен бултаңдай баштадың окшойт. Ушундай дагы алдамчы болосуңбу? - Мен ага ачуулана карадым.

- Түшүнсөңүз эже, мен сөзсүз бүтүрүп берем дедим го. Ошол үчүн жүгүрүп жүрөт, - деп мени ишеничтүү далыга таптады.

Мен аны кафеге алып бардым: "Тезирээк бүтүрүп берип койсо жүзүм жарык болсун" деп ойлоп жүрбөйүнбү.

- Чай ичели эми. Дамир, мен сага ишенсем сен мени таптакыр уят кылганы жүрөт окшойсуң?

Менюну карап отуруп ушинттим.

- Эч кабатыр болбо, эже. Менин агам аябай честный, ал мени урушуп жүрөт. Мен дагы ойлоп калам, үйдө азыр компьютер, машина, телевизор, видео.. койчу, баары бар. Мен ошолорду көргөндө өзүмдүн тескери иш жасап жатканымды билип уялып калам. Так иштейин деп жатам…

- Дегеле адам баласы дүнүйөгө, акчага азгырылбай койбойт. Сен эсиң болсо мындан ары өзүңдү жолго салсаң болот. Лидерлердин ички ой максаты улам чоң акча бергендерди отургузуп, эптеп таап берген бейбечараларды "кидайт" этмей экен. Силердин оюнуңарга бекеринен кирип алып, кудама уят болдум. Мисалы, беш миң, он миң силер үчүн акча эмес экенин кийин билдим. Ошолор кыйналып-кысталып жатып балдарынын ырыскысынан бөлүштүрүп, үнөмдөп тапкан акчасы дейли. Ошого ичи ооруп, каргайт, анан кантесиңер? - Мен анын көздөрүнө тике карадым.

- Мен деле ошону ойлоп жатам, эже. Кээде балдарым ооруса корком.

- Корксоңор ишти бүтүрөт элеңер. Мен өзүмдү эле айтайын: бирөөгө уят болбош үчүн телефон чалам, ошол единица салган акчаны, жолго кеткен акчаны топтосом бир топ болмок, туурабы? Жөндөн жөн, уятымдан чыгым болуп жатам, - дедим тамак келгенде анын алдына жылдыра. Бир азга тамактандык. Мен үндөбөдүм, тынчыраак тамактанып алсын деп ойлодум. Көптөн кийин салфетка менен аарчынды да:

- Кечирип коюңуз, эже, сөзсүз бүтөт, мен сизге сөз берем! - деди ал.

Мен акчасын төлөп коюп:

- Маакул, дагы да ишенейин. Азыр ушул жерден түшүнүк катты жазып бер. "Эгер алып бералбасам өзүмдүн жеримди берем" деп жаз. Жок дегенде ошол кагазды кармап эс ала турайын, - дедим эле, баш тарта албады.

Түшүнүк катты жаздырып алып, анан кафеден чыктык.

- Эже, бир пачка сигарет алып бериңизчи, - деди ал сыртка чыккандан кийин.

- Маакул, кандайынан?

- Соверен, - деди.

Мен Мизаркан эжеге бардым да бир пачка Соверен алып бердим. Тим эле шыпылдай коштошту да, жөнөй берди. Мен анын артынан көпкө карап туруп: "Эми ишенсем болоор бекен, же көп лапшасынын бирин кулакка иле салып кутулганча шаштыбы? Мейли, көрө жатаармын" деп колумдагы анын эмеле жазып берген түшүнүк катты кармалай туруп калдым.

Бурулча деген аял бар эле алтымыштардагы. Ошол аялдын жер басып алып көрүнгөнгө сатканын уктум. Шумдук, тим эле жулкунуп, керек жерде ыйлап жиберген артисттик жайы артыкча болчу. Өзү төрөбөгөн аял экен, балдарды багып алганын да айтышты. Ошону менен сүйлөшүп отуруп, ал өз башынан өткөнүн айтып берди. Бурулча эне менен таанышканым мындайча болду:

- Келип көргүлө! Менин каякка барып даттанаарымды билип койгула! Мен балдар үйүнөн жети бала багып алгамын, аларды мен кайда алып барып жайгаштырам? Менин жерлериме бирөө түшсө өлбөгөн жерде калам! - деп үч-төрт жерди басып жатып кайтарып жүрдү. Кичинекей алачык тигип алып үч-төрт аял жатышат.

- Мен жалгыз бой аялмын! - деди бири, мен аларга жанаша өзүмө жер тарттырып алганмын.

- Азыр жалгыз бойбу, жетип-жесирби, өбөктөп жылбаган майыппы, эч ким карабай калбадыбы? - дедим мен аларга.

- Эке-ее, кандай карабайт экен! Мен ак үйдөн жардам алып жүргөн аялмын. Менин төрөбөгөнүмдү, балдар үйүнөн жети баланы алып тарбиялап жүргөнүмдү чоңдордун баары билет!

- Ошончо дайын экенсиз, балдарыңызга мындай эле үй алып бере турган экенсиз, мисалы, жерди деле. Убара болуп ушу жашыңызда талаада конуп түнөбөй.

- Ашык дөөлөт баш жармак беле, кызым ай-йаа. Сен эчтеке билбейт экенсиң, - деп койду ал мени карай башын ийкеңдете.

- Чыны эчтеке билбейм, ушу жер баскандарга аралашып алып, мен билбеген мафиясы бар экенин анча-мынча сезип калдым.

- Ой, булар бизге окшогонго жерди бастырып алып, карышкырдын терисин кийип жүрүшпөйбү. "Акча берем" деп акырын шыбырап койсоң сенин сөзүңдү кыжылдаган элдин ичинен таанып эптеп бөлүнүп колуна тийчү акчаны гана ойлойт! - деди Гүлсүн деген аял. - Менин алты балам бар, шаарда үйүбүз жок. Таластан келип алып ушул жерге үй салып алышса батирге тыгылбай оңуп калат беле деп ошон үчүн жүрөм.

- Баарыбыз эле ошобуз да. "Сокурдун тилегени эки көз" дегендей, мен деле балдар үчүн жүрөм, - дедим аларды карап. - Силерди Акөргөдөн жер алыптыр дешип атат ко?

- Калп, аяктан алсак биерге эмне келмек элек? Кудай деп үй салып кирбейт белек?

- Кайдан билем? Эмнеси болсо да баарыбыздын ой-тилегибиз эле батирден кыйналганча кепе куруп алсак деген ой да, чынбы? - дедим мен.

- Ийи-и айланайын. Ошон үчүн карыган чагымда талаада түнөп жүрөм да, - Бурулча эне ортодогу кезит бетине жайылган нанды жаңсады мага. - Ал, нандан ооз тий. Кудай буйруп коңшу болуп калсак ушундай бир тойлойбуз го?! - Бурулча эне бөйрөктү таяна карсылдап күлүп калды.

Аңгыча жол боюна эки-үч машина токтоп, Дамир баш болуп беш-алты лидерлер келип калды. Аларды көрүп ар жерде ээлеген жерлеринде шоңшоюп отурган элдер агылып чогула баштады.

- Эмесе мындай, - деп сөз баштады Дамир Жуманаев, чогулган элди кыдырата бир карап чыгып. - Эртең же бүгүн акимчиликтен, мэриядан киши келсе "биз өзүбүз бөлүп алдык, эч ким бизди биерге алып келген жок. Кокус жер бербесеңер өрттөнүп өлөбүз" деп баарың жабылгыла. Лидерлердин биринин дагы аты аталбасын!

- Ал го колубуздан келет. Алар унчукпай жерди берип, токтом чыга келгенде биздин ордубузга башкалардын аты тизмеге кирип калбайбы деги? - деди эл ичинен бирөө.

- Андай болбойт, бөлдүрүп алган жериңерде каласыңар, сөз берем! - деп Дамир колун көтөрдү.

- Биз колубузга тийген жерди өлсөк да бербейбиз, керек болсо өзүбүздү, аларды да өрттөп жиберебиз!

- Азаматтар! Эмесе эртең бир бөтөлкөдөн бензин жаныңарда болсун! - деди Дамирдин жанында жүргөн бирөөсү.

- Сөзсүз алып алабыз! Силер бизди колдосоңор эле биз айтканыңарды аткарабыз, - деген эл эмеле колдоруна жердин ээлиги деген кагаз тийип калчудай кудуңдап турушту, убадага жүрөктөрү толкундап. Кимибиз калып, кимибиз алаар экенбиз дегендери да жок эмес. Анткени ар күнү бейтааныш адамдар келип эле: "Мен баланчанын агасымын, мен түкүнчөнүн апасымын же эжесимин" деп бөлүнгөн жерлердин ээлери алмашылып жатканы көз көрүнөө болуп жаткан окуяга айланды.

Бирок лидерлер айткан мэриядан же акимчиликтен эч ким келбеди. Үч ай жүрүп, көбү фундамент да куюп салышты. Аны дагы Дамир элди үгүттөп атып куйдурду. Бечара элбиз да. "Эл агын суу, кайда бурса кете берет" дешет ко? Карапайым эл ишенчээк. Жылуу сөзгө бат эрип кеткен кант сымал жайы бою үйүн көрбөй талаалаганы аз келгенсип, суук түшөөрдө гана үй-үйдө болуп калдык. Убаданы бек берген Дамирдин сөзүнө ишенип-ишенбей мен дагы кудама анын айтканын айта берип уятым деле калбады көрүнөт. Анын оозунан чыкканын мен тигиге айтам да жөнөтөм. Кайдан да ушул жолго түшүп алганымды билбейм. Ойлонуп отуруп, бир күнү телефон чалдым. "Өчүрүлгөн" деп ала албай кыжаалат болуп жатып, үч күн дегенде жолугушмак болдук. Гүлжанды да чакырдым, анын жерин да бербей жаткан. Экөөбүз баягы адатыбызча окорочкадан алып, Гүлмиранын үйүнөн бышырып, бир бөтөлкө арак, пиво кылып көтөрүп алдык да, жолугушчу жерден күтүп турдук.

Ал жетип келээри менен Гүлжан экөөбүз тең аны ажылдай тосуп алдык:

- Сен бизди ушунча дагы алдайсыңбы ыя? Оорукчан кызым менен талааны кайтарып канча жүрдүм! Энеңдей аялмын, боор ооруп койсоң боло?

- Ой эже, жүгүрүп эле жатпайымбы? - Дамир тайсалдап калды. - Кичине күтө турсаңар бүтүрөт элем го?

- Күткөндө канча күтөбүз ыя? Бурулча кемпир төрт жердин чечимин алып алып мактанып жүрөт, "ар бир жер үчүн он беш миңден бергенмин" деп.

- Калп айтат, бирөө бирдеме десе эле ишенип аласыңар да, эжелер ай. Ишенбегиле, андай болгон эмес.

- Анда менин бергенимди да калпка чыгарып басып кетет экенсиң го? - Мен аны ишенкиребей, уруша кетчүдөй карадым.

- Кантип эле? - Дамир кайсактай күлө сүйлөдү. - Жакында пикникке барып баламдын туулган күнүн өткөрөм. Ошондон кийин бүтүрөм, эже. Аз калды.

- Канчасында? - Гүлжан ага менден бетер ишене бербей бүшүркөй карап сурады. - Мен жакшы местаны занимать кылып койойун. - Ал пикникте иштечү.

- Өзүм сизге эки күн мурун телефон чалам, макулбу эже? Четки орунду алып койуңуз.

- Болуптур эми.. Ишенип эле келатабыз, аягы кайда бараар экен.. Эң акыркысы болсун бу сөзүң! - Мен ага колумдагы пакетти карматтым. - Муну алып ошол документ бүтүрө тургандар менен ичип койгула. Күткөндүн да чеги болот, Дамир, ошону бил! - деп аны узатып катар баратып айттым.

- Эже, ушул жолу сөзсүз экөөңүздөрдүн ишти бүтүрбөсөм өзүм деле уялып калдым.

- Дамир, эгерде ушул жолу бүтүрбөсөң таарынба. Түшүнүк катың колумда. Сен дагы үйбүлөң, балдарың үчүн жашап жатасың. Адал кандай, арамдан тапкан дүнүйө кандай экенин кудай эскерте электе эсиңе кел. Бирок аферист катары, элдин эмгегин жеген, бейбечараларды тоотпогон "жулик" катары китепте калаарыңды эскертем. Талгарбек мага чындыкты айткандан качты, эртедир-кечтир лидерлердин басып өткөн жолун кагаз бетинен көрөөрүңөрдү эстей бер!

- Койчу эми, эже, ошо кантип болсун, эже? - Дамир кызаңдай түштү.

- Шаршен кайда? Ал дагы эки кишинин жерине акча алган. Телефону барбы сенде? - деп сурадым.

- Бар, - деп ал Шаршендин телефонун берди, жазып алдым.

- Ай бала, өзүбүздүн балабыздай экен деп аяп жатабыз. Эми акыркы жолу ишенели. Канча аялдар "арызга кол коюп бергиле, алданганыңар чын да" дегенинен биз болбой жатабыз. Өкүнүп калба! - Гүлжан аны карысынан кармай токтотту.

- Жок, андай болбойт, ишене бергиле, эже. Мен барайын эми, - деп экөөбүздөн эптеп эле кутула албай тургандай жал-жал карады.

- Макул эми, жакшы бар. Биз чалганда телефонуңду алып тур! - дедик.

- Сөзсүз! Чалып тургула! - деп ылдамдай басып кетти.

Аны узата карап, бири-бирибизди карай ийинибизди куушура күлүп калдык.

- Ушу желмогуз экөөбүздү жөн эле алдап жүрөт окшойт ай, дагы алдап кетти, - Гүлжан мага карады.

- Алдаса кудайга койдук. Анын куулугу экөөбүздө жок экен да. Ал жокто аябай ачуум келип милицияга жетелеп бармак болом деле, жолукканда ишенип туруп калам, - Мен ойлуу, өзүбүз кетчү жакка бастым. - Кеттикпи үй-үйгө?

- Мен дагы эрте кетпесем, пикникте эч ким жок, ээн калган.

- Анда жакшы бар. Дамирди унутуп калбагыдай кылып чалып тур, мен дагы аракет кылам.

- Ооба, ошентпесе ал жалаңкыч карматпай кетеби деп корком. Мейли, жакшы тур!

Экөөбүз эки жакка бөлүндүк. Мен "Коломтого" келгенден кийин дагы ар кайсыны ойлонуп керебетке жатып алдым. "Деги мен эмнеге жаралдым экен бу жарыкчылыкка? Жарыкчылык ар бир адамга бирдей, тагдырлар ар башка. Бул дүйнөдө бирөө жыргап жатса, бири ыйлап арман кылып жүрөт. Дагы бири бактылуу болсо да оорудан жабыркап өтөт. А бирөөлөр жалаң адамдарды кантип алдап, кантип бирин эки кылуунун жолун таппай, бул өмүрдөн өткөнүн сезбей да калышат. Бири кем дүйнө деген ушул тура" деп ойлонуп жатып, көз алдымдан соңку окуяларды өткөрүп жаттым…

Жашоонун агымы менен бирде ылдый, бирде өйдө агып отуруп, турмушубуз бир аз оңолгонсуп баратты. Сажира күйөөсү экөө батир алып өздөрүнчө бөлүнгөндөн кийин биз үчөөбүз калдык. Уулум айылга кетти. Айдана төрөгөндөн кийин абдан ойлуу болуп кетти. Күйөөсү өлгөндөн кийин ал жаштык кылдыбы же тагдырдын буйругубу, өзүнөн алты жаш кичүү Абдыбек деген ноокаттык балага турмушка чыгып алган. Күйөө балам чогуу жашап жүргөндө аргасыз баламдын кадыры деп унчукпадым..

Саамга дал ошол күндү көз алдымдан чуурутуп өткөрдүм. Айдана жумушка кетип эле келбей калды. Анда мындай окуя болчу эмес, чыдамым кетип күтүп, айла жок жатып алдым. Чоң шаар, караңгыда кайдан издемекмин. Ошол бойдон үч күн келбей калды. Биз күнү бир жигит биздин үйдү издеп келиптир.

- Миргүл деген аялдын үйү ушул бекен?

- Ооба, эмне керек эле?

- Мен сиздин кызыңыз жибергенинен келдим эле, - Ал тайсалдай туруп калды.

- Ким? - Мен түшүнө бербей сурап ийдим.

- Айдана сиздин кызыңызбы?

- Ооба, ага эмне болду? - Жүрөгүм болк эте чоочуй, ага карадым.

- Эчтеке, Айдананы менин досум алып кеткен. Кечээ нике кыйдырдык.

- Кандай неме, кай жерлик? Айтпай-дебей жолдон алып кетип калган го? - Мен ачуулана аны демитип кирдим. - Анын кызы бар, үч башты бага алат бекен?

- Эже, экөө сүйлөшүп жүрүшкөн экен, мени айтып кой дешти, андай-мындайын билбейт экемин.

- Билбесең мейли, кечирип кой, айланайын. Ошонун кызы бар экенин билип туруп алдыбы же билбеди бекен? Өзүнүн бала-чакасы бар бекен?

- Ал үйлөнбөгөн бала, ноокаттык болот.

- Ой куураган кызым ай, - Мен жүрөгүм сыздай ойлонуп отуруп калдым.

"Аттиң ай, дагы да балалыгың бар тура. Көп ойлонуп анан чечсең болмок. Ошол жаш бала сага чыдаар бекен? Жаңылган жок бекенсиң, каралдым? Дагы өзүң азап тартпасаң экен", деп мелтирей отуруп калган экемин:

- Эже, мен кетейин. Айдана айтканынан эле келгем, - деп тигил жигиттин үнү чыкканда оюм бузулуп кетти.

Нан ооз тийгизип анан жөнөттүм. Ошондон он күндөй өтүп-өтпөй эле Айдана Абдыбек экөө келип калды. Жанында баягы досу менен аялы жүрөт. Колумдан келишинче сыйладым. Көрсө Абдыбектин ата-энеси: "Жаш баланы азгырып алдың" деп жакшы кабыл албай койсо ал кетем дептир. Аны менен кошо күйөөсү баса бериптир. Аргам жок, башыбызга баш кошулуп жашап калдык. Мен энемин, аялмын, андыктан "баламдын көңүлү чөкпөсүн, ошол баланын алдында сынбасын" дедим. Абдыбек эч жерде иштебейт экен. Менден уялдыбы, күндө жумуш издеп кетет, кечинде келип калат. Үндөбөдүм. Биздин бүлөнүн бир мүчөсү катары жашап кала берди. Арадан бир топ айлар өткөндө Абдыбек менин чөнтөгүмдөн тогуз жүз сомду уурдап алып таң эрте качып кеткен экен, кызымдын көзүнүн жашы көл болуп ыйлаганынан:

Кой балам, ошол тогуз жүз сом менен он күн жашаар көп болсо. Сыйды билбеген немеге көз жашыңды коротпо. "Иче турган ашыңа какырба да, түкүрбө" деген сөз бар, өзүнө өзү кылды, сен жаңылдың, - деп сооротуп аттым. Ошондо алты айлык боюнча бар эле, мен шуу үшкүрүп алып ордуман туруп сыртка чыктым. Акчага эмес, кызымдын тагдырына кейидим. Ишеничин актай албаган эркек сөрөйгө кейидим. Күндө таап келгени болбосо да аны төргө отургузуп алдына тамагын коюп, күйөө катары сыйлап, жакасын кирдетпей кийимин жууп турган аялдын кадырына жете албаган бечара эркек сөрөйгө жиним келди. Кызымдын муңайган жүзүн, сыздаган үнүн уккум келбеди…

Ошентип Айдана кызын төрөгөндөн кийин бир күнү коңшулардан Абдыбектин шынаарлап жүргөнүн уктум, кармай албадым. Мен ачууланып жүрсөм, Айдананы чакыртып кызы экөөнү алып кетем дегенин да билдим.

- Айдана, Абдыбек менен кайра дагы жашагың келеби? - дедим акырын.

- Ким айтты?

- Уктум. Менден жашырба, кызым.

- Ошентип келиптир, "апамдан кечирим сура" деп койдум.

- Кечирим сурабаса койсун, көңүлүң болсо кызыңды ал да кошо кет. Мага караба, экинчи дагы келбе ыйлап.

- Барам деп атамбы? Кызымды атасыз калтырбайм деп өзү болбой көрүнгөндү ортого салып жатат.

- Кыскасы, терең ойлон, балам. Сени менен түбөлүк жашай турган адам иче турган ашын уурдабайт.

- Өлүп кетпейби. Барбайм ага, - Айдана андан ары менин сөзүмдү уккусу келбей бурк этти.

Мен да үндөбөй калдым. Көп сүйлөсөң сөз кадыры да кетет эмеспи. Абдыбек көпкө айланчыктап жүрүп, акыры дайыны чыкпай калды.

"Коломтодо" жашап жүргөнүбүздө америкалык Мэри шефке алган Биринчимай районуна караштуу карылар үйүнөн жумуш табылып, Айдана ошол жакта иштеп калды. Кызым өзүм багам. Аерде бир жарым жыл иштегенден кийин Мэри Айдананын эки кызына карап үй алып бермек болду. Анткени алар иштегендердин шарты жогуна карап бир топ келиндерге үй беришиптир. Айдана көңүлү тынып иштей баштады.

Гүлжан экөөбүз Дамирди издеп департаментке бардык. Ал жерден аны таппай же дарегин билбей кечке жүрүп, бир таанышыбыздан телефон номерин алдык. Дароо эле ага чалдык эле, аялы алып жок деп койду.

- Эгер Дамир баягы ишти бүтүрбөй турган болсо сотко беребиз. Өзүң билесиң, "кайненем өлдү" деп кайра-кайра чалып жатып алганын. Жакшылыкча бүтүрбөсө уят болуп каласыңар! - дедим мен.

- Эже, андай дебеңиз. Дамир өзү бүтүрөм деп жаткан, мен келсе ага айтайын. Телефонуңуз ушулбу, өзүбүз чалабыз!

- Ооба, ушуга чалгыла. Жетишээр эми, бүтүрүп койгула! - деп дагы ишенип тим болуп, телефонду өчүрүп койдук.

Адамдык сапаттын жогорулугу качан адамдыгыңды сезип, бирөөгө жамандык кылбай жакшылык жасаганда, көңүлү чөккөндү соороткондо, өз душманыңды кечиргенде гана билинет. Бирөөнү алдап, жүрөгүн оорутуп, убадасын аткарбай жалтаңдап качкан адамдын артында эмне калат? Жок болсо арга жок, бирок бирөөнүн эсебинен үй куруп, машина минип, койкойо басып мактана сүйлөгөндө күйөсүң да. Мен Гүлжандан бөлүнгөндөн кийин базарга кирдим, майда-барат алмакмын. Дамирдин мени менен жолуккандагы шыпылдай мени ишендирип, арбап айткан сөздөрүн эстеп баратам. Деги эле өтө ишенчээкмин…

Акыры ошондо телефон менен кайра-кайра чалып атып аны чакырып жолугуштум.

- Эже, - деди ал, - арам оокат аш болбосун жакшы билем. Менин агам бар, ал мага ар убак адам акысын жебе деп келет. Жер менен иштейм деп өзүмө жаманаттыны илип алдым.

- Дамир, ошенткен менен сен жашап жатасың. "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дегендей, мени түшүнсөң уят болуп атам. "Кайненем өлдү" деп акчаны алдың. Жер берем дедиң. Мына үч жыл болду - уялсаң боло кичине?

- Жок-жок, эже, коркпоңуз. Мен сизди уят кылбайм. Сөзсүз ушунда бүтүрөм. Жакында бир топ токтом чыгат, ошого кошуп чыгарып берем.

- Дагы да ишенейин. Эгерде ушунда болбосо мен сөзсүз прокуратурага жазам. Өзүң жооп бересиң. Билесиңби, "Такыр болбосо өз жеримди берем!" деген колжазмаң бар менде?

- Билем, эже. Жакшылыкча эле бүтүргөнүбүз туура го?

- Эгер сен ишеничтүү болсоң тынч бүтөт. Сенин эле артыңдан жүрө бергидей бекерчи эмесмин.

- Болду эже, сүйлөштүк, сөзсүз бүтүрөм, - Дамир ордунан тура коштошуп чыгып кетти.

Мен ашканага тамактын акчасын төлөп, анан ордуман тура сыртка жөнөдүм…

…Дамирдин ошол күнкү элесин көз алдыман өткөрө базарга кирдим. Эл ичи кыжы-кыйма, кайыр сурагандарды көрдүм. Ан сайын жүрөгүм сайгылашып: "Эх тагдыр, эгер ушунун алты саны аман, денсоолугу таза болсо эмгектенип күнүн көрмөк. Балким бул да пенделигин кылып шуулдамак. Деги оорунун, майыптыктын азап-тозогун дени таза адам сезбейт экен да" деп кетип жатсам:

- Ой эже, кандайсыз? Жолугуп калганыңыз жакшы болбодубу? - деп кудам алдыман чыга калып оюмдан адаштырып жиберди.

- Жакшы-жакшы, өзүңөр кандайсыңар? - Мен ыңгайсыздана аны менен учурашып калдым.

- Ушу, мен сизге жолугайын деп эле келгем. Аялым "качан бүтөт, деги ала алабызбы?" деп кулагымды койбой эле…

- Дамирге кечээ эле жолуктум, буйруса бир айдын ичинде болуп калат, - Мен ага телефон номурумду берип бөлүнгүчө шаштым.

Кайра-кайра калп убада айткандан уялдым. Ал узаары менен "өх" деп алдым. Жандүйнөм тарый түштү: "Канткенде кутулам? Деги эле үч кишинин акчасын алып Дамирге берип коюп ошол бойдон калпычы болуп отурам. Ал мени уят кылбаса экен" деп жүрөгүм ооруй киоскага кайрылдым да, гезит алып үйгө баргым келбей парк жакка жөнөдүм. Ал жерде бир дагы орундук бош эмес экен. Кыдырып басып жүрүп бири-бирине кыналышып отурган жаштарды, кучакташып эч кимди көзүнө илбей өбүшүп жаткан кыз-жигитти, уул-кыздарын ойнотуп жүргөндөрдү карап жүрүп, бир орундук бошой калганынан аерге отуруп гезитти барактап окуганга көңүлүм чаппай, селкинчек тепкен наристелерди карадым. Алардын кирсиз таза борсулдаган күлкүсү, чурулдаша кезек менен жүгүрүп ойноп жатканы жүрөгүмдүн ооруганын басаңдата жылмайып алдым. Кайрадан көңүлүм чөгө: "Балалык кандай сонун! Бир кезде бирөөдөн көңүлү калып же бирөөнүн көңүлүн калтырып, жашоодо өз ордун тапканы таап, таппаганы тагдырына таарынып өмүрдө өкүнүү, кубануу, кайгыруу бар экенин сезе элек балалык" деп ой-санаанын кучагына сүңгүдүм. Кеч күз, дарактардын жалбырактары саргайып сабагынан үзүлүп кайкып учуп бут алдында сапырылат. Ошондо менин тентек кыялкеч курагымда да балалыгымдын эстен кеткис көз ирмемдерине дал ушундай мезгил, күзгү жалбырактардын сапырылып турган убагы күбө болгон. Айрымасы, анда мен ойноок, саамайым желге сеңселген секелек элем, азыр эчен кырды ашып, саамай чачым агала болгон чагым. Бул жолдордо кылымдап басып келаткансыйм, бирок кайда, эмнеге, эмне үчүн жол карытып чыкканым эсиде жоктой дел боло өзүмдү унутуп калгандаймын:

Мен өтөөрмүн, мен баскан жолдор калаар,

Издеримди жашырып турпак басаар.

Бар болгону сүйүүмдөн тапкан арман

Кайталангыс дастан болуп ырга айланаар..

Ооба, мен азыр жапжалгызмын. Жалгыздык зээнимди кейитип, эл ичинен жүрөгүмө жакын адамды издегенсийм. Көңүл чөккөндө, жүрөгүң ооруганда жан шеригиң жаныңда болсо сырыңды айтып жеңилдеп алсаң кандай жакшы. Бирок жалгыз дегеним менен кыялымда сен барсың. А сен мени ойломок турсун өз тиричилигиң менен алексиң. Бул жашоо мыйзамы дечи. Мен ар убак сага жолугуп, жүрөктөгү толгон сырымды айтып, төшүңө башымды жөлөп алып бугум чыкканча ыйлагым келет! Сагынычымды жазгым келет! Кайда-ан.. Бул менин кыялым гана…

Бульварда жай басып келе жатам. Жаш баладай бут алдымдагы жалбырактарды шилеп басам: "То-обо, ушинтип жаз жайга, жай күзгө, күз кышка алмашып, жердин бетин ак кар чулгап, дарак бутагын бубак баскандай өмүрдүн жазы кышка айланды. Жүрөктөрдү тагдырдын бороону үшүтүп, чачтарды бубак басты. Саргайган жалбырактай ушаланып жерде калаар кез келдиби? Жо-ок, али көп бар. Максатымдын бири аткарыла элек, жетише-ээм" деп күбүрөнүп алдым. Ошол кезде арт жагымдан "шырт-шырт" эткен дабыш менен кошо кобурашкан үндөр угулганынан кылчая карап жүрөгүм "зырп" этип алды. Эбак оозу бүткөн жаранын үстү сыйрылгандай ооруп чыкты! Анткени сен жаныңда тестиер бала менен эч нерседен капасыз ээрчишип өтүп бараттың. "Неге, неге учурашпадым?!" деп ойлонуп шашыла карасам эбак узап кетипсиңер..

Бүгүн сени капысынан көрүп калып,

Армандуу тиктеп турдум карааныңды,

Сен болсо жайбаракат кетип жаттың

Сезбестен жүрөк канап сыздатканды.

- деп жүрөгүмдөн ыр курап бет алган жагымды көздөй кетип жаттым.

Кеч күүгүмгө чейин басып жүрүп, анан маршруткага түшүп үйгө жөнөдүм. Ой-санаа менен күнүмдүк тиричиликти, азапты жеңе албайсың. Жашоо алга карай үндөп, жашоонун агымы өзүнө сиңирди.

Мага ар качан акыл айтып, ыйласам сооротуп, колунан келген жардамын аябаган Мизаркан эжеге ыраазымын. Ал кээде мага өз энемдей камкор, атам сымак коргоочум да болчу: "Неге дейм да, кээде өзүмчө отуруп атам-энем менден бир жолу кабар албаганына зээним кейип, жалгыздыктын азап-тозогун тартканым өз келгенсип жашоонун кыйынчылыгынан өзүмдөн өзүм тажап, кайдадыр башым оогон жакка басып кетким келген күндөрдө өбөк-жөлөк болчу бир жан жок". Кээ бир курбум же коңшум, жөн эле таанышым: "атам минтип, апам антип мени карап турат, жогума жардам берип, көңүлүмдү көтөрөт" деген сөздөрдү айтканда буулуга ыйлап алам: "Неге менин ата-энем мен жөнүндө бир жолу кызыгып сурап койбойт? Же мен алар үчүн өлгөн баламынбы?"

Алардын жашоосу өз-өзүнчө жайы менен өтүп жатат. Бир кезде алмончоктой кылып эки жарым жашка чейин багып, ажырашышканы үчүн мени күнөөлөп жек көрүп калышты бекен? Балким алардын жашоосуна мен кедерги болгондурмун? Жок дегенде менден кийинки төрөлгөн иним тирүү болсо мага арка-бел болуп, өйдөдө өбөк болоор беле..

Ушуга окшогон түпсүз санаанын кучагында отурганымда Мизаркан эже келип калды:

- Миргүл, эмне кылып атасың?

- Кел эже, жөн эле отурам. Өзүңүз кандайсыз?

- Жакшы. Сенден кабар алайынчы деп эле келип калдым. Жүрү экөөбүз бир жерге барып келели.

- Каякка? - Мен эжеге күлө карадым.

- Кайда болмок эле, бир кафеге барып мээ сергитип келели.

- Макул, эже. Мен да өзүмчө кыжаалат болуп отурдум эле.

- Айланайын карагызым десе, антип кыжаалат болбой жүр. Бол, кийине кал.

- Мына азыр, - Мен шашыла кийине калдым да ээрчише жөнөдүк.

Бат эле Ош базарга жетип "Насип" кафесине көтөрүлдүк. Кафеде көп убакта жаштар, оюн-зоок көп өтөт. Биз дагы көнүмүш адатыбызча четки отургучтарга отурдук. Заказ берди эже. Он-он беш мүнөттөй убакыттан кийин алдыбызга бешбармак менен пиво, анан шорпо катары менен келди эле, Мизаркан эже:

- Кана кызым, ала гой, - деп мени мээримдүү карады.

- Алып атам. Билесизби эже, мен сиздин ушундай жакшылыгыңызды канткенде актаарымды билбей кыйнала берем…

- Жинди кыз десе, мен сени кыргыздын бир кызы катары, окурманың катары сыйлайм. Сен сыйга татыктуусуң, антпей жүр!

Экөөбүз сүйлөшүп тамактанып отурсак официант кыз тарелкага вино менен шоколад, бир тооктун этин алып келип калды:

- Бул сиздерге!

- Кызым, биз заказыбызды алганбыз, - Мизаркан эже таңгала мени карады.

- Билбейм… - Мен ийнимди куушура таңгалганымды жашырбадым.

- Жо-ок, бул бир жигиттин сиздерге атайын жөнөткөн белеги, - Официант кыз жылмая тарелкадагыны стол үстүнө коюп басып кетти. Биз тиктешип отуруп калганыбызда жаныбызга шыңга бойлуу жигит басып келди:

- Саламатсыздарбы?

- Саламатчылык.

Эже экөөбүз ага жарыша жооп берип кызыгып карап калдык.

- Кечиресиздер, беймаал убак тынчыңарды алсам, - Ал мени карады, - Сиздин китептериңизди көп окугамын, сизди тааныбайт элем, жанымдагылар тааныйт экен, - деп ыңгайсыздана колдорун ушалай жылмайып, өзү жөнүндө айтып таанышып, атайын сыр кылып сыйлагысы келгенин айтты. Бираз биз менен отуруп, анан сыпайы коштошуп кете берди. Ал кетээри менен эже мага карап балача жылмайды:

- Көрдүңбү, сени элдер таанып калды. Демек китептериң элге жакканынан ушинтип жатат, өкмөт билбесе эл билет!

- Эже, коюңузчу. Өкмөт кечээ чыккан мени эмес, эмгеги сиңгендерди жакшылап баалаганга кудурети жетпей жатат. Балким мен өтүп кеткенде баалашаар, себеби али мен эч нерсе жасай элекмин да? - дедим ойлуу.

- Эчтеке эмес, сенин алгачкы кадамың жакшы. Бара-бара дагы көп жетишкендикке жетесиң. Кел эми, мындан ооз тийели, - деп эже винодон куя баштаганда колунан ала койдум:

- Эже, мен куяйын сизге…

- Кой, кызым, менин мынабу колум столовойдо иштеп жүрүп далай адамды сыйлаган, - Эже күлүп калды.

- Ошентсе да, мага эле бериңизчи.

Биз грилден алып, винодон ичип көпкө отурдук. Андан кийин кафеден чыгып үйгө жөнөдүк. Ар кайсыны сүйлөшүп бат эле жетип келдик.

Келсем Сажира күйөөсү, баласы болуп келип калыптыр. Аларга Айдана тамак жасап берип, анан жөнөттү. Күйөөсү айылга кеткени жатыптыр, баласы менен Сажира биздикинде калмак болду. Ошол тушта экинчи китебим чыгып калган. Андан кийин "Эркин селсаяктарды" басмага бердим. Чынында чыгарманы жазуу менен бирге оор турмушту башымдан өткөргөнүм өзүмө өзүм кайрат берип, өзүмө өзүм бек болууга үйрөттү. "Коломтодо" жашап жүрүп спонсор издеп да көрдүм, бирок колунда токочу бар менен күнүмдүк оокаттын кулу болгон пенденин ортосу асман менен жердей экенин жакшы түшүнүп, көзүм менен көрдүм. Жүрөгүм ооруп, кайрадан чыгармамды сатууга бел байладым. Үч колжазмамды болбогон акчага саттым да, күнүмдүк тиричилигиме жумшадым. Өзүм менен бирге жашаган неберелерим, кызым болуп кыйналып жатканда Тайыр Сарпашовго дагы бардым. Эптеп кабыл алуусуна кирип, ага эми жолугаарымда дагы пендечиликти көрүп дароо чыгып кеттим. Анткени Тайыр канчадан бери кезек күтүп турган мени эмес, кийин келген бакыбат, бизнеси жүрүп турган, абройлуу адамды кирип келатып көрүп эле:

- Оой аксакал, күтүп калдыңызбы?! Жүрүңүз, убакыт жок, кандай иш менен келдиңиз эле? - деп кабинетине колтуктап кирмек болгондо ал адам:

- Таке, жөн-жай эле, - деп, анан кезек күтүп турган үчөө-төртөөбүздү карады да, - Бул кызымда болсо керек эле кезек, мен күтө турам, - дегенде дароо көңүлүм ооруй түштү да: "Мен киргенде эле жакшы кабыл алмак беле, көрдүм мунун көз карашын, унчукпай кете берейин, уят болгончо" деген ойго келип ал адамга жылмая карадым:

- Жо-жоок, сиз кире бериңиз. Кезек эмес, сиздин улуулугуңуздун кезеги, кире бериңиз. Элдин баары сиздей болсо заман башкача өзгөрмөк.

Мен ушинтип айттым да, кабыл алуу бөлмөдөн чыга бердим. Жогорку Кеңештин узун коридорунан көзүмө жаш тегеренди: "Аттиң, амал кандай гана текеберчиликти алып келет! Шайлоого барганда кандай гана убада берип, эмне ишиң болсо аткарууга даяр болушат, кабылдоосуна кирген адамдын ким экени ал үчүн эми куурайча көрүнбөйт" деп паспортумду койгон жерге келип алдым да, чыгып кеттим.

Ошол мыкчегерлердин, ар бир жердин өзүнүн атуулу болгон жарандын адамгерчилигинин тайкы мамилеси катылган чоң имараттан чыгып, таза абадан кере дем алдым да: "Мейли, мен өз атымды сатпадым, чыгармамды саттым. Кагаз боюнча калганча жандүйнөмдөн, жүрөгүмдөн жаралган чыгармам элге жете берсе менин бактым! Максатымдын али бирөө аткарыла элек" деп кайра "Коломтого" келдим.

Келсем үйдө эч ким жок экен. Балдар чурулдап сыртта ойноп жүрүшөт. Чай коюп, бираз отуруп чай ичтим да, актай кагаздарды белендеп, жаңы чыгарманы жазууга кириштим…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз