Нургүл БЕЙШЕН


"Айгыр бийкеч"


Гүлбарчын менен Айганыш ишкер айымдар.

Алар - бүт өмүрлөрүн дене кумарын кандырууга арнаган КУМАРдын көзүр айымдары.

Алардын дүйнөсү - бай жана абройлуу эркектердин кучагында жалындаган жан жыргалына тынымсыз батып, чардап жашоо. Жана жосунсуз жоруктардын артынан сая түшкөн бул экөө эңсегенине жетиш үчүн эч нерседен кайра тартышпайт



1 - бөлүм



Бул жолу ал эмнегедир мээси айланып, алды-артын ойлобой кумар отуна алдырды.

- Тейлөө кызматына телефон чалып, бизге дагы бир бөтөлкө шампан заказ кылчы! - деди жанындагы жигитке.

Жарым саат мурун алдырган бөтөлкөсү жаңы эле бошогон.

- Чын эле ошентейинби?

- Албетте! Эсепти баары бир компания төлөйт, мен аны банкеттин жалпы эсебине кошуп койом.

- Бирок банкет астыңкы кабатта өтүп жатпайбы?

- Анын эмнеси бар экен? Биз эмне, бул жерде башка себептер менен ичип атабызбы?

Гүлбарчын Касымалиева тигинин ордунан туруп, телефонго басып барганын жана дагы бир бөтөлкө шампан заказ бергенин көрүп, ыраазы боло мыйыгынан жылмайып койду. Терезенин ары жагынан кечеге келген коноктордун шаңдуу үндөрү, бокалдардын шыңгыры үзүл-кесил угулат. Кезектеги кинотасманын тартылып бүтүшүнө карата мейманкананын арт жагындагы кооз сейил бакка чоң чатыр тигилип, шаан-шөкөттүү кече өтүп жаткан. Маал-маалы менен бассейн тараптан да кыйкырган, каткырган үндөр чыгат - кызып калган коноктордун бирөө темтеңдеп барып, калгандарга суу чачыратып, бассейнге секирип жаткан.

Гүлбарчын бул кеченин негизги каарманы, канышасы десек да болот, өзүн ошондой сезгенге толук акысы бар, анткени ал жаңы эле тартылып бүткөн кинотасманы баштан-аяк башкарып, костюмдар, каражат жана башка ушу сыяктуу толгон-токой машакаттуу маселелердин баарын өзү чечкен. Анткен менен анын маанайын майрамдык деп айтууга болбойт. Кеченин салтанаттуу бөлүгү бүткүчө эптеп эле чыдап отурду. Режиссер жөнүндө кандай ойдо экенин элдин көзүнчө бетине айткысы келип турса да, ага ыраазычылык билдирип, актерлор менен тейлөөчү топтун ар бирин куттуктап, колдорун кысып чыкты. Краб салаты менен бир-эки бокал коктейль ичти да, эртерээк уктап эс алыштын камын ойлоп, эч кимге байкалбай чатырдан акырын чыгып кеткиче шашты.

Сыналгынын заманбап ашканасы - бул өзүнчө эле бир тынымсыз конвейер, телеберүүлөрдүн өндүрүшү биринин артынан бири агыла берет. Бир долбоор бүтөрү менен эле экинчисине шымаланып киришиш керек. Эртең менен эрте турат да, кайрадан билермандар эл көрүшү керек же көрсө болот деп эсептеген кезектеги кинотасма же көрсөтүү үчүн каражат табышка байланышкан майда-барат кагаздарды чогултуп, эртеден кечке чапкылап жүргөнү жүргөн.

Бирок ал ойлогондой болгон жок: жаңы гана кабинетинин эшигин пластик карточкасы менен ачып, босогосун аттайын дегенде коридордун аркы башында келе жаткан Жеңиш Шаршеновду көрүп калды. Колунда баягы эле майда-чүйдө салган көк баштыгы жүрөт, анысында алтыны бар, чиелеп кайда барса да колунан түшүрбөйт.

Бул жаш актерду Гүлбарчын алгач ал орус драмтеатрында "Ромео менен Жульеттада" Ромеонун ролун аткарып жаткан жеринен көргөн. Чачы кара, кой көздүү жана кыздардыкына окшош сезимтал, оймок ооз бул жигитти Гүлбарчын ошондо эле бир көрүп жактырган. Тартылып жаткан кинотасмада башкы ролдордун бирин ойносун деп режиссерго сунуштаса, ал эмнегедир тескериленип макул болбой жатып, акыры Жеңишти экранда үч жолу гана пайда боло турган көркоо, киши өлтүргүчтүн ролуна алган.

Азыр аны көрө калып, "Жүрү, долбоордун аякташын белгилейбиз!" деп бөлмөсүнө чакыра койбодубу. Ал да дароо эле макул боло калды, анткени кийинчерээк белгилүү болгондой, көрсө ал Гүлбарчындан ушул сунушту уга албай эле атайын коридордо ары-бери басып жүрүптүр.

- Шампанды азыр алып келебиз дешти, - деген Жеңиш трубканы ордуна койду.

- Мына, мыкты тейлөө деп ушуну айт! - деди Гүлбарчын. - Кийинчерээк бул мейманканага дагы келип, жакшылап бир эс алып кетиш керек экен.

Жеңиш терезеге келип, бул заңгыраган имаратты кучагына алып жапжашыл болуп турган дүпүйгөн калың токой сыяктуу сейил бакты карап суктанып турду. Качандыр бир мезгилде ал спирт ичимдиктерин өндүрүп байыган бир күркүлдүн үйү болгон экен, бирок ал банкрот болгондон кийин башка бирөөнүн карамагына өтүп, мейманканага айланыптыр. Сейил бактын өзгөчө түзүлүшү, көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөр менен жайкалган жашыл шиберлер, абдан кылдат кам көрүлүп, ар кандай формада тегиз кыркылган бадалдар бул кооз жана кымбат мейманкананын көркүн арттырып турат. Кымбаттыгына карабай жылдын кайсы мезгили болсо да кирип-чыккан элдин аягы тыйылбайт, ага жараша алдына токтой калып, кардарларды таштап же салып алып кайра зуулдап жөнөгөн кымгуут машинелер, унаа токтоочу жайга батпай көчөнү бойлой катар-катар тизилген түрдүү маркадагы кымбат машинелер канча дейсиң. Өзгөчө бул мейманканага эң бир мыкты сапаттагы эс алууну көксөгөн капчыгы калың адамдар арбалгансып эле агылып келе беришет.

Гүлбарчын да ордунан туруп, көк майсанга көлөкөсүн түшүрүп, ийиле самсаалап өскөн мажүрүм талдарга, чокуларындагы жалбырактары билинер-билинбес шамалга дирилдеген эмен дарактарга жана тамылжып батып бараткан жайкы күнгө суктаныш үчүн терезеге жакын келди.

- Ажайып кооз көрүнүш, ээ? - деди ал.

Коногу же өтө эле тартынчаакпы же абдан акылдуубу белгисиз, айтор жанатан бери нымтырап эле отурду, эми деле тирилчүдөй түрү жок.

Анын ордунда башка эркек болсо колундагы мындай сонун мүмкүнчүлүктү койо бермек эмес. Жеңиш болсо ага тийишмек тургай колун тийгизүүгө да батынбады. Сыягы, таанышкан эле аял анын келишимдүү келбетине арбалып, өзү тийишип, мойнуна асылганына, артынан чуркаганына көнүп алса керек, жарыбагыр. Мүмкүн аны байкабай таарынтып алып, сериалга тартылымыш болуп нан таап жеп жаткан жумушумдан куру жалак калбайын деп коркуп да жаткандыр. Азыркы заманда актер дегенден көп неме жок эмеспи, кандай роль болсо да ойнойм деп жалмаңдап даяр турушат.

Андыктан Гүлбарчын демилгени өз колуна алып, башталган ишти аягына чыгарбаса болбой калды окшойт.

Ал таттуу керилип алды да:

- Ух! Кийимимди алмаштырып албасам болбой калды, - деди.

- Мен кетейинби? - деп сурады Жеңиш.

Гүлбарчын анын минтип айтарын күткөн эмес. "Чын эле жаккан жокмунбу? Анын табитиндеги аял эмесминби?" Ушуларды ойлоп, бушайман боло түштү.

Ошол учурда кимдир бирөө эшикти акырын каккылады.

- Ачып койосуңбу? - деп суранган Гүлбарчын эшикти ачык калтырып, уктоочу бөлмөгө кирип кетти.

Бөлмөлөрдү тейлөө кызматында иштеген официант жигит муз салынган күмүш табакты дивандын жанына коюп, ийкемдүү кыймылы менен шампанды үн чыгарбай ачты да, кир идиштерди жыйнаштыра баштады. Бир-эки секунд ыргылжың боло түшкөн ал эки жагын каранып, эсеп кагазына кол койдурсамбы, жок, азыр ылайыксыз мезгил окшойт деген бүтүмгө келди. Анан Жеңишке көңүлдүү кеч каалап, акырын чыгып кетти.

Гүлбарчын андан ары эмне кыларын ойлонуп, керебеттин четине отура калды. Шайтан алгырдыкы десе, эмнени каалап жатканын өзү да так билбей атпайбы. Ачкарын шампан ичип койсо эле ушинтип мээси айланып калмайы бар. Жеңиш ага жагат, ал табиятынан салабаттуу, жөнөкөй жана токтоо жигит. Өзгөчө өз оюндагысын талашып жатканда дердейип көөп чыккан таноолорун карап турган Гүлбарчын өзүнчө эле ичи эзилип элжиреп кетет. Колун эле тийгизип койгондо эмне, эч бир сылатып-сыйпатып отурбастан, оюңа келгендин баарын жаса деп, конок үйдүн полуна жатып бербейт беле.

Бирок Жеңиш жапайы жырткычча аны баса калгандын ордуна, кызарып баткан күндүн артынан коюуланып бараткан күүгүмдү тиктеп, терезенин жанында телмирип тура бербедиби. Демек, өзү аракет кылбаса болбойт, бирок адегенде ал ушуну чын эле каалап жатабы жана тиги ачыбаган камырдай болуп былтыйган немеге убакыт коротуштун кереги барбы же жокпу, чечип алыш керек. Мындай сезимдерге мурда кабылган эмес эле. Анын турмуштук тажрыйбасы, акыл-эси кайда кеткен? Ушу бүдөмүк сезимдер менен түшүнүксүз каалоого жетеленгидей, башы чындап эле айланып, тиги сулуучумак жигитке таптакыр азгырылып калдыбы?

- Жеңиш, бери кир! - деп Гүлбарчын ар бир сөзүн баса белгилеп, өктөм сүйлөдү, азгыруучунун ролун өзү аткарып атканына кыжырланып жаткан.

- Сизге бир бокал шампан ала барайынбы? - деп сурады Жеңиш.

- Бөтөлкөнү ала кел!

Гүлбарчын гардеробдун эшигиндеги күзгүдөн өзүн карады. Жүзүндө узак жана түйшүктүү күндүн тагы байкалат. Бозомтук көйнөк кийип, эртеден бери ары-бери убара тартып чуркап жүргөн Гүлбарчын, кечки көйнөгүн кийүүгө да убактысы болбой, ошол кебетеси менен банкетке келе берген. Жүдөгөнгө какаган болуп, этеги да бырышып калган тура, жалпак такалуу күрөң туфлиси ылай болуп, бир-эки жери чийилип да кетиптир. Атайын жасаткан модалуу чач жасалгасы саксайып, өзүнчө эле бир үймөк чөпкө окшоп калыптыр. Анан кантип ушу кебетеси менен эркекти өзүнө тартмак эле.

Табакты көтөргөн тиги бечара мына азыр жашынып жаткан жеринен чыга калып, үстүнө секирип, тамагынан кырча тиштечү бир жырткычтын үңкүрүнө кирип келаткансып, эки жагын элеңдеп карап, бөлмөгө кирип келди.

- Табакты үстөлгө кой, - деди Гүлбарчын, ал алды-артын ойлонбой капыстан эңсөөгө алдырганына ичинен ачуусу келип, өкүнө баштаган.

Жеңиш керебеттин жанындагы кызыл жыгачтан жасалган кооз үстөлдөрдүн бирөөнө шампаны менен табакты коюп, мукактана:

- Мен-менин.. . к-ке-кете бергеним оң го, - деди.

- Эмне үчүн? - деди кашын серпип Гүлбарчын.

- Мен сизди абдан сыйлайм, Гүлбарчын Касымалиевна! Ошондуктан, мен ойлогом.. .

- Мени атымдан айт, Жеңиш! - деп капталдан чыкты Гүлбарчын.

- Мм-макул, Гүлбарчын. Мен анда.. .

- Сен мени сулуу деп эсептебейсиңби? - деп бетке айтып салды Гүлбарчын, мындан аркысы өзүнөн-өзү болуп кетер деген үмүттө.

- Сиз абдан сулуу айымсыз, - деп ачык жооп берген Жеңиш жалжылдаган кой көздөрү менен Гүлбарчынды тике карады.

Гүлбарчындын денеси ымыр-чымыр боло түштү, жанатан бери чечкинсиз кыймылына нааразы болуп, жини келе баштаганы заматта унутулду. Анын эмне үчүн минтип тарткынчыктаганын божомолдоп жатканда жаңылышкан эмес. Чынында эле Жеңиш үчүн ал биринчи кезекте атактуу жана абройлуу продюсер, аны жумуш менен камсыз кыла турган адам болчу. Кыязы, ал театр менен студиялардын босогосун жыртып, жумуш издегенден өлөрчө тажап, жок дегенде ушул жолу жолум болсо экен деп Кудайдан тиленип жаткан окшойт. Гүлбарчын буга окшогон актерлордун далайын көргөн, ал гана эмес, алардын бирөөнө турмушка чыгууга да үлгүргөн.

- Мен бар болгону жанатан бери сиздин эмнени каалап жатканыңызды түшүнбөй атпадымбы, - деди жигит акыры.

- Жеңиш, сен албетте мыкты актерсуң, бирок менин азыр жумуш жөнүндө сүйлөшкүм келген жок. Эс алгым келет, америкалыктар айткандай, "тайм аут" алгым келет. Анын артында эч кандай өкүнүчтөр, таарынычтар, туура эмес ойлор болбошу керек. Кааласаң кете бер, эшик ачык, кааласаң мени менен кал. Сүйлөштүкпү? - деп айткан Гүлбарчын аны сынап, көзүнүн кыйыгы менен карап койду.

- Болуптур, Гүлбарчын, - деп жооп берди Жеңиш. - Албетте, менин калгым келет.

- Анда мен душка түшүп чыгайын, - деген Гүлбарчын ваннага кетип баратты.

Артынан тиги шилекейин жутуп, көздөрүн жалжылдатып карап турганы белгилүү да.

Гүлбарчын арыдан-бери чечине калып, шаркыраган жылымык агымдын астына турду, бир аз дүүлүгө түшкөнүн байкады. Чечкинсиз күңк-мыңк этип атып анын делебесин козгоп салганын Жеңиш өзү да туйган жок. Жанатан бери өзүнчө эки анжы болуп турган Гүлбарчын бул эркекти эңсеп чыкканын эми даана сезди. Эркектер менен көптөн бери минтип түз жана ачык сүйлөшө элек эле. Мунун баарын беш айдан бери иштен башы чыкпай, эч ким менен төшөк кумарына батпаганы менен түшүндүрүүгө болот. Мындай нерсе анын жашоосунда биринчи жолу болуп жаткан жери жок, көп учурда оюндагыдай дене жыргалын ала албаганынан улам секс ал үчүн анчалык деле маанилүү болбой калган. Эстен тандырган экстаздарга кабылып, күчтүү оргазм алуу жаатында тажрыйбасы бай болгондо, мүмкүн Гүлбарчын дене кумарынан мынчалык көпкө баш тарта алмак эмес. Бирок, тилекке каршы, ал көптөн бери бүт энергиясын аркалаган кесибине жумшап, ал эми сексти арткы планга жылдырып келет. Мурунку күйөөсү менен кошулганда бир аз гана башы айланымыш болуп, жеңилдей түшкөндөй сезим пайда болор эле, анысы да көпкө созулчу эмес. Бирок Жеңиштин коймолжуган кой көздөрү андагы үргүлөп жаткан кумар отун тутандырып жибергендей болду.

Ал душтан чыгып, күзгүдөн өзүн карады. Албетте келишкен, сулуу мүчөсү бар, бирок машыгуу залына барып, бир аз машыгып койсо ашыкча болбойт эле. Дене көнүгүүлөрүнүн жетишсиздиги менен өз маалында тамактанбаганы организмине жакшы жагынан таасир этпептир: денеси мурдагыдай чымыр, ийилчээк болбой, айрым жерлеринде май пайда болуптур. Анткен менен бели баштагыдай ичке, сандары тыкыс жана келишимдүү. Эмчектери үч-төрт жылкыга караганда бир кыйла оор тартып, бирок анын курагындагы башка аялдардыкындай шалбырап, салаңдап калбай тикчийип турат, ал эми курсагы жаш кыздардыкындай жапжалпак.

Гүлбарчын ным чачтарын фен менен кургатып, башын чулгуп алды да, келбетине ыраазы боло жылмайып койду. Жарашыктуу кыркылган жана жалтылдаган кара чачтары абдан жакшынакай көрүнөт. Ал чач жасалгасына дайыма өзгөчө көңүл бурчу, жумушу кычап турса да убакыт таап, эң мыкты чач тарачтарга гана кырктырчу.

Нымдуу тампон менен бетиндеги бойоктун калдыгын сүртүп, ласьон менен бетин тазалады да, өзүнө абдан ыраазы боло калың сүргүнү оронду.

Жумшак кездемеге басылган төшү орто кылымдардагы ойсокелердин корсет менен тартылган эмчектериндей болуп тирсийе түшкөн Гүлбарчын өзүн ашкере сойку сезип кетти. Чачтарын дагы бир жолу салаалары менен жиреп алып, ваннанын эшигин ачты:

- Жеңиш, сени көпкө күттүрүп койдум окшойт. Кечирип кой, каралдым, - деди ал.

Анан бөтөлкө турган үстөлгө келип, шампандан бокалдарга куйду. Бирөөнү өзү алып, экинчисин Жеңишке сунду. Ал күрмөсүн чечип коюп, керебеттин кырында отурган.

- Экөөбүздүн чогуу-чаран "тайм-аутубуз" үчүн! - деп Гүлбарчын көбүргөн ичимдиги бар бокалын көтөрдү.

- Сен үчүн! - деп Жеңиш да шампандан ууртады.

Гүлбарчын Жеңиштин жанына көчүк басып, тамагын оорутуп албаш үчүн шампандан аз-аздан ууртап иче баштады.

- Менин табитимдеги аял эмес экенмин деп ойлобо, - деди Жеңиш тамагын кырып жөтөлүп, жетекчисине сен деп кайрылганга дагы эле көнө албай жаткан. - Тескерисинче, менин оюмча сен абдан татынакайсың. Бирок мени секстен башкага кызыкпаган, жеңил ойлуу адам экен деп ойлоп калбасын деп коркуп жаткам.

Гүлбарчын ичиндеги кайнай баштаган кыжаалатын басуу үчүн эрдин тиштеп алды. Калп эле акылдуусуна бергендин эмне кереги бар? Минтип баарын татаалдаштырып эмне кылат? Андан көрө ашыкча сөз айтып отурбай эле эстен кеткис кылып аңгилигин көрсөтсө жакшы болбойт беле. Сексти болбогон бир сөздөр менен жымсалдай бериштин кереги не? Курулай шарттардын, астейдил кадамдардын, ойго келбес актануулардын кимге кереги бар? Минтип отурсаң өзүңдүн коркунучтарың менен кооптонууларыңдын чытырман токоюнан адашып, чыга албай каласың го! Анын коомдо ээлеген орду же кандай адам экени, моралдык сапаттары менен акыл-эс мүмкүнчүлүктөрү Гүлбарчынды кенедей да кызыктырбайт. Дал ушул учурда ал акылдуусунган ой-толгоолорго убактысын короткондун ордуна төшөктө туйлап, денесиндеги көптөн бери буюккан кумарын кандырууну көксөп турган чагы.

- Кой, Жеңиш, сөздү көбөйтпөйлү, - деп Гүлбарчын оюндагысын ачык айтты да, анын колундагы бокалды алып, үстөлдүн үстүнө койду. Анын бактысына, Жеңиш жетекчисине эмне керек экенин илгиртпей түшүндү да, тизесине колун коюп, акырын сылады.

- Ушунчалык таң калыштуу, - деп ал Гүлбарчындын көздөрүнө тике карады. - Ошентсе да бул жагдайга болгон менин көз карашымды түшүндүрүп берүүгө мага уруксат эт. Мен таптакыр эле.. .

- Оозуңду жап! - деп жиберген Гүлбарчын, сөөмөйүн анын эриндерине такады.

Колтугуна кыстарылган сүргүнүн учу бошоп, чыдамы кетип тирсийген эмчектери боштондукка чыкты. Көптөн күткөн эркиндикке кубанган үрптөрү көөп, албырып чыгыптыр.

Оозуна толо түшкөн шилекейин аптыга жутуп алган Жеңиш анын келишкен келбетинен көзүн алалбай жалдырап карап калды. Көздөрү ылдыйыраак түшүп, кыска кара жүн менен капталган аласын көрөрү менен астыңкы ээги салаңдап, оозу ачылды.

Анын бул дендароо, жалдырама абалы көпкө созулган жок. Бир убакта Жеңиш Гүлбарчындын астына чөгөлөп отура калып, колдору менен эки бутун эки жакка керип, аларды өпкүлөй баштады. Чалкасынан жаткан Гүлбарчын сандарынын назик терисине Жеңиштин нымдуу ысык тили тийген сайын ырахатка балкып, магдырап баратты. Аялуу жерин майда-чүйдөсүнө чейин жакындан көргөн Жеңиш кандай абалга туш болгонун, анын чекесинен чыпылдап чыккан майда терин, чакчайган көздөрүн, дердейип көпкөн таноолорун элестетти.

- Керемет, - деп шыбырады Жеңиш.

Гүлбарчындын жан жеринин мала кызыл ортосуна оозу чапталып, тилин кынына мүмкүн болушунча терең киргизүүгө ыктады. Анын тили тим эле укмуштай кыймылдуу жана ийкемдүү экен, Гүлбарчындын эң бир сезимтал катмарларына сүңгүп кирип барды. Колдору да жөн турбастан, тирсийген эмчектерин эзгилеп, мыжыгып жатат. Жеңиштин манжалары катуу боло түшкөн үрптөрдү тырмалап, чоюп, кайра кескин койо берип жибергенде Гүлбарчын кыңкыстап, онтоп жиберет.

Жеңиш капыстан суроо салды:

- Жанатан бери самаганың ушу беле? - деп.

- Ооба. Бул каалоомдун башталышы гана болчу.. . - деп күңгүрөнө жооп берген Гүлбарчын сандарын кыймылдатты.

Эрдемсине түшкөн Жеңиш мурду менен анын жыныс эриндерин жирегенде мурутунун майда түгү кын тилди сайгылады. Гүлбарчын кыйкырып жиберди. Жеңиш тили менен кындын оозун жалай баштады, анан аласына өтүп, акыры арткы тешигине тилин сойлотту. Бул тешикке көбүрөөк көңүл бурганым сылыктыкка жатпай калат деп ойлодубу, айтор, Гүлбарчындын курсагы менен капталдарын сылагылап, кын тилин соро баштады. Гүлбарчын бул жагымдуу эркелетүүдөн андан ары ырахат алууга ыктап, жаңы гана денеси магдырап баратканда Жеңиш башын кескин тартып алып, ордунан тура калды.

- Уланта бер! Эмнеге токтоп калдың? - деди Гүлбарчын.

Бирок тиги мылжыйып күлүп коюп, кийимдерин чечип кирди - байпактарын, анан батинкесин чечип, шымынын сыдырмасы менен көйнөгүнүн топчуларын, акырында ак турсасын чечип ыргытты. Олжогойу зыңкыйып турат.

Аны өз көзү менен көргөн соң Гүлбарчын тизелерин бүгүп, ыңгайланып жатты. Жеңиштин чыдамсыздыгына бир аз кыжырлана түшкөнү ал үстүнө чыгаар замат жоголор деп үмүттөндү.

Жеңиш анын буттарынын ортосуна тизелеп отура калып, аялдын сууланышкан аласын жансыз көздөрү менен бир карап алды да, аны өпкөндүн ордуна эскертип да койбостон, алигисин түбүнө чейин тыгып жиберди.

Күтүүсүз чабуулга эси эңгирей түшкөн Гүлбарчын "ох" деп жиберип, колдорун созуп, Жеңишти өзүнө тартты да, оозунан өптү. Эриндери жумшак жана ийкемдүү экен. Жеңиштин ою башка жакта болуп жатты окшойт, ал жадагалса тилин Гүлбарчындын оозуна салууга да аракеттенген жок. Гүлбарчын котостун түп жагына колун сойлотуп, бул жерде ким кожоюн экенин билсин дегенсип, аны калтасынан уучтады.

Бирок Жеңиш ооздугун кырча тиштеп, марага ылдамыраак жетүүгө жанталашкан айгырча, өзүнүн эңсөөсүн гана батыраак кандыруудан башка эч нерсени караган жок.

- Мени өөп койсоң боло! Шашылбачы, бай болгур! - деп жалбарды Гүлбарчын. - Эмчектеримди өпчү, үрптөрүмдү сорчу!

Анын суранычын уккан киши болгон жок. Мүчөнүн башы жатындын мойнуна жетип катуу урунганда Гүлбарчын онтоп жиберип, муштумун жазды. Кайрадан эркин кыймылдоого мүмкүндүк алган Жеңиш дааратканада отургансып ыйынып-ычкынып, күш-быш этип, болгон күчү менен алигисин итерип жатты. Котос Гүлбарчындын нымдалган кынында ылдам жана жеңил кыймылдаган сайын калтасы чаткаягына урунуп, "шалп-шалп" эткен үн чыгат. Аң-таң болуп, эси оогон Гүлбарчын эмне кыларын билбей көзүн ирмегилеп, онтогон бойдон айласы куруп жатып калды.

- Кандай жыргал! - деп кулагына каргылдана шыбыраган Жеңиш анын сандарын катуу мыкчып алып, эч бир аяп койбостон, кызуу иштеп жатат.

Анын баштагы тартынчаактыгы, илбериңкилиги кайда калды? Дене кыймылдары улам күчөп ылдамдаган сайын Гүлбарчындын да кыжыры кайнай баштады. Жеңиштин чыңалган көчүгүнө тырмактарын матырып:

- Ай, жайыраак кыймылдасаң боло! Артыңдан бирөө кубалап келатса да эмне болуптур! - деп бакырды ал.

- Жок, анте албайм! - деди алка-шалка кара терге түшкөн Жеңиш терден нымшыган денеси менен астындагы айымды керебетке жапшыра басып, буттарын өйдө көтөрдү. - Өх! Гүлбарчын, ушундай жата турчу, тим эле жыргалга батып өлүп баратам!

Анысы аз келгенсип, эмчегин оорута мыкчып, үрпүнөн катуу чоюп алды. Гүлбарчын денесинин ооруганына чыдабай кыйкырып ийди, тиги неме болсо катуу коркулдап жиберип, алигисин терең матырды да, бир саамга кыймылдабай туруп калды, анан талмасы бар немече калчылдап, жырткычча ыркырады. Гүлбарчын үстүндөгү эргулдун бүткөнүн билип, шалдырап жатып калды.

- Өх иий! Эң сонун! Керемет! - деп күбүрөнгөн Жеңиш Гүлбарчындын эмне болгонуна көңүл бурган да жок. Бетинен чоюп коюп, үстүнөн түштү. Анан дагы бир жолу: - Шумдук болду! - деп киркиреди.

Гүлбарчын же күлөрүн же ыйларын билбей, бир кызык абалда калды. Белин суутуп алганына дердеңдеген Жеңиштин төшөк оюнун улантайын деген ою да жок. Ал Гүлбарчын аял эмей эле бир жансыз куурчак сымал эч бир сылап-сыйпап отурбастан, каалашынча эзгилеп, денесин көк ала кылып, оорутуп, өзүнүн кумары канган соң кереги жок чүпүрөктөй кылып ыргытып салды. Гүлбарчын буга чейин деле эркектерден чеке жылытарлык мамиле көргөн эмес, бирок мынчалык көңүлү кала элек болчу. Бул өзүн актермун деген сулуучумак неме төшөктө чебер ойнош эмей эле, тескерисинче орой, шашма акмак тура.

Ойлонбой жасалган кадамдар акыры мына ушуга алып барат! Өмүрүндө биринчи жолу өзүн мерген элестетип, тизгинди эркекке карматпай өз колуна алам деп ушундай акмакчылыкка туш болду. Жок, мындан ары ал мындай ойлонбогон кадамдарды жасабайт. Бул болбогон фантазияларды мээсинен таптакыр алып таштаганы оң.

Ал учурда Жеңиш эч нерсе болбогонсуп, кебелбей үстөлгө барып өзүнүн кезектеги оңой жеңишин майрамдап жаткансып, бокалдагы шампанды аптыга жутуп жатты. Ошол шампандын бир ууртамына да татыксыз экенин, одоно мамилеси менен аялдын денесин эле эмес, назик жандүйнөсүн да чүпүрөк тыткандай тытмалап, аны терең кайгыга салып койгонун ойлоп да койгон жок. Шалбыраган аянычтуу уятын жабууга да жарабай, өзүнө-өзү маашырланып:

- Мына сага, ат чабыш деп ушуну айт! Продюсерим менен бир төшөккө жатып көрө элек элем. Шампан ичесиңби? - деп Гүлбарчынга жарым-жартылай бош бокалды сунду.

Гүлбарчын аны бир көтөрүп шыпкап ичти да, какшык аралаш:

- Жеңиш, а сен кимдер менен жатчу элең? Сахнанын кызматкерлери мененби? - деп сурады.

Ал керебеттен туруп, үстүнө халатын жамынып, өзүнө шампан куйду.

- Негизинен актрисалар менен, - деп кебелбей жооп берди Жеңиш.

Гүлбарчын ошол маалда андан аябай жийиркенип турду.

- Билесиңби, бүгүн мен үчүн абдан оор күн болду, уйкум келип жатат. Аябай чарчадым, - деп кабагын бүркөп сүйлөдү Гүлбарчын.

- Чынын айтсам, мен дагы, - деди анын жактырбай карап турганын байкабаган Жеңиш. - Кой, мен кетейин. Телефон номуруңду берип кой, чалып турайын, - деп полдо чачылып жаткан кийим-кечесин жыйнай баштады.

- Сенде маалымат баракчасы бар го, карасаң ошондо болуш керек, - деди Гүлбарчын.

Кино тартууга катышкан актерлордун баарына таратып берилген маалымат баракчасындагы студиянын жетекчилери менен кызматкерлердин телефон номурларынын арасында өзүнүкү да бар экенине ичинен аябай өкүндү.

- Аа, ооба! Унутуп калган турбаймбы! - деди Жеңиш турсасын кийип жатып. - Сени "Таалайы тайкылар" китеби боюнча жазылган сериалдын үстүндө иштегени жатат деп уктум эле, - деп ал керебетке отура калып, байпагы менен бут кийимин кие баштады.

- Ал сериалга азырынча акча таба элекмин, - деп мостоюп жооп берди, сиркеси суу көтөрбөй, ого бетер жини келе баштаган Гүлбарчын.

- Ошого тартылсамбы дедим эле. Самаган Давлеталиев бир жолу ошол китеп жөнүндө жакшы ойлорун айткан. Ал экөөбүз эски достордонбуз деп сага айттым беле? - деди Жеңиш, бул айтканы Гүлбарчынга укмуш таасир этет деп ойлоду окшойт. - Ошол мени Үсөнбектин ролуна ылайыктуусуң деген.

Гүлбарчын баарын эми түшүндү. Ал айтып жаткан кейипкер сериалдагы башкы каармандардын бири болчу жана Жеңиштин сырткы келбети чын эле бул ролго ылайыктуу эле. Демек, мергенчи өзү эмей эле, Жеңиш тура. Бирок Гүлбарчын ага аял катары эмес, кирешелүү контрактка жеткире турган каражат катары кызык болгон экен. Анан калп эле тартынчаак, адептүү болумуш болгон тура. Престиждүү долбоорго актерлордун дээрлик баарын өзү танданган, бул кечте кызымтал болуп калган жалгыз бой аялдын бөлмөгө чакырышын, анан төшөккө тартышын күтүп, атайын эле коридордо ары-бери басып турган экен да бул оңбогур.

Анан калса, өзүнүн сексуалдык дараметин ашкере жогору баалап алганын көр. А бирок Жеңиш төшөктө кара терге түшүп, ыйынып-ычкынып жатып, Гүлбарчынга укмуш ырахат тартууладым деген ойдо калган. Андыктан өзүнүн амалкөй планынан сөзсүз натыйжа чыгат деп терең ишенип турат.

- Абдан өкүнүчтүү, - деди Гүлбарчын.

- Эмне "өкүнүчтүү"? - деп сурады Жеңиш.

Анан уруксатсыз эле бокалына толтура шампан куйду.

Гүлбарчындын чыдамы чегине жетти. Көптөн берки сексуалдык кармануусу менен ичимдиктин айынан кетирген катасын оңдоого убакыт жетти окшойт. "Бул актер сөрөйгө анын чыныгы орду кайда экенин көрсөтпөсөм элеби!" - деп Гүлбарчын аны мисирейип карады да:

- Кечирип кой, Жеңиш, бирок мен сага ал ролду бере албайм. Мени менен төшөккө жаткан актерлор менен андан ары чогуу иштешпейм деген эрежем бар. Кыскасы, иш менен төшөктү аралаштырбайм, - деди.

Жеңиштин эси эңгирей түштү.

- Бирок сен өзүң айтпадың беле.. .

- Жакшы бар, Жеңиш. Менин жалгыз калгым келип жатат.

- Уксаң! Эгер бирөө жарым билип калат деп корксоң.. . Мен эч кимге айтпайм. Андыктан.. . - деп тебиреп жиберди ал.

- Жетишет, Жеңиш! Кет! - деп кайталады Гүлбарчын. - Мен аябай чарчадым.

Гүлбарчын чын эле ылдамыраак жатып эс алгысы келип, жаны жер тартып турган. "Ойношторумду ишке албайм" дегени да чын болчу. Анын ошондой айныксыз эрежеси бар эле. Жадагалса күйөөсү үчүн да ал бул эрежесинен баш тарткан эмес, экөө ошонун айынан ажырашып тынышкан. Ал эки күндүн биринде эле ушунун тегерегинде жаңжал чыгарып, Гүлбарчынды беймаза кыла бергендиктен, "бул менин тасмаларымдагы башкы ролдорго ээ болуш үчүн гана мага баш кошкон турбайбы" деген да ой кеткен.

Гүлбарчын бирок ага ийгиликтүү карьера жасоого жардамдашуудан баш тарткан. Канча жолу мындай ыкма экөө үчүн тең туура эмес экенин кан какшап түшүндүргөнүнө карабай, эри анын бул мерездигин кечире алган эмес. Күйөөсүнүн тилине кирип, башкы ролдорду ошого эле бере берсе, эртеби-кечпи эл арасында алардын чыгармачыл тандеми жөнүндө ушак-айың тарамак да, күйөөсүнүн актерлук аброю төмөндөмөк. Ал эми өзү үчүн мындай биригүү анын кесиптик чынчылдыгына доо кетирип, карьерасынын кыйрашына алып келмек. Гүлбарчын өзүнүн чынчыл жана өз ишин мыкты билген продюсер деген наамынан ажырап калгысы келбейт.

Таң калып көздөрү чакчайган Жеңиштин шаабайы сууй түштү. Ал өзүнүн көптөн бери кыялданган пландарын өз колу менен кыйратып алганын жана жаңы сериалдагы башкы ролдордун бирине оңой эле жетем деген бала кыял ою таш капканын түшүндү.

- Жакшы бар, Жеңиш! - деп дагы кайталады Гүлбарчын.

- Мен сага телефон чалам, - деп мыңкылдады Жеңиш.

- Чалбай эле кой! - деген Гүлбарчын кире беришке барып, сырткы эшикти кенен ачты.

Башы шылкыйган Жеңиш көк баштыгын колуна кармап, тунжурап коридорго чыкты. Анын артынан Гүлбарчын эшикти тарс эттире жаап алды.

"Кыргызтеледолбоор" телекорпорациясынын административдик кеңсеси жакында эле ремонттолгон Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан орун алган. Бул компаниянын жетекчилеринин бири Эркин Жетигенов менен жолугушууга Гүлбарчын өзүнүн эң жарашыктуу кара костюму менен ак кофтасын жана жумшак кара замша туфлисин кийди. Ал такси менен Манас көчөсүнүн бурчуна чейин жетип алды да, кооз дүкөндөр менен кафелер жайгашкан чоң көчөнү бойлой шашпай келе жатты. Бир нерсе сатып алайын деген деле ниети жок, жөн гана жолугушууга чейин калган бир аз убакытты сейилдеп басып өткөрөйүн деп ойлоду. Ошентсе да, "Айпери" дүр-дүйнө дүкөнүнүн витринасындагы жаңы көргөзмөнү байкаганда кирбей өтүп кеталган жок. Гүлбарчын жолдун аркы бетине өтүп, чакан кооз сумкасын колуна кысып, дүкөндүн босогосун аттады. Бирок ичкери кирип, асмандаган баалар тиркелген көйнөктөр илинген катарды көздөй басканда өзүнүн көптөн бери жолуга элек эски курбусун көрүп калды.

- Айганыш!

- Гүлбарчын!

Алар кучакташып өбүшүп калышты.

- Кана, сени бир карап алайынчы! - деди курбусунун кучагынан бошонгон Гүлбарчын. - Баштагыңдан жазбай супсулуу болуп жүрөсүңбү? Айтчы деги кандайсың, кайда жашап жатасың? Сенин борборго кайтып келгениңди уккан эмес элем го.

- Сен да абдан жакшынакай болуп алыптырсың, - деди Айганыш аны баштан-аяк сыдыра карап алып. - Фамилияңды популярдуу телесериалдардын жазууларынан окуп калып жүрөм. Сен үчүн аябай кубанычтамын, курдаш!

- Эң негизгиси, экөөбүз акыры бири-бирибизди таптык! - деди Гүлбарчын.

Экөөнүн бири-бирин көргөндө чын дилден маңдайы жарыла сүйүнүшкөнү да төгүн жерден эмес эле, алар студенттик жылдардан бери эле эң жакын курбулардан болуп калышкан. Эки жарым жылдан ашык бир батирде турушкан, студенттик жылдардын кайгысын да, кубанычын да тең көрүшүп, бир сындырым нанды тең бөлүп дегендей, ынтымактуу жашашкан. Кайда барышса да экөө эгиз козудай болуп ээрчишип барышчу, экзамендерге да чогуу даярданып, оор учурда бири-бирине жөлөк-таяк болгон сырдана курбулардан эле. Айганыш мамлекеттик стипендиянын эсебинен гана күн көргөнүнө карабай, кабагым-кашым дебеген чыдамкай, шайыр, күлкүчү кыз болчу. Жанында Айганыштай түшүнүктүү, камкор курбусу болбогондо Гүлбарчын университетти артыкчылык диплому менен аяктайт беле, айтыш кыйын. Айганыш болсо өзүнө караганда курбусуна көбүрөөк күйпөлөктөп жүрүп, аягында илимий даражага да жетпей калган.

Бул алардын ортосундагы жалгыз айырма эмес болчу. Гүлбарчын өз карьерасын кылдат пландаштырып, телевидениеде иштесем деп ак эткенден так этип жүргөндө Айганыш кезектеги жигитке ашык болуп, анын жүрөгүн багындыруудан башка эч нерсеге кызыкчу эмес. Журналистикага кызыккандай эле түр көрсөткөнү менен ал тармакта иштейм деп жулкунган жок, окуулары аяктаганда бир дагы телекомпания аны жумушка албай койду. Ал эми Гүлбарчын болсо "Бешинчи" каналга оңой эле орношуп алды.

Кыздардын тышкы келбеттери да бири-бирине окшош эмес болчу. Гүлбарчын узун бойлуу ак жуумал, ал эми Айганыш кичинекей кара тору кыз эле. Гүлбарчындын териси ак, Айганыштыкы каралжын тартып турат. Айганыш коймолжуган кара көздүү, Гүлбарчындыкы болсо көгүш-күрөң болуп кетет. Алтургай бул эки курбунун кийимге болгон табити да эки бөлөк: Айганыш ачык түстөгү модалуу кийим-кечени жактырса, Гүлбарчын дайыма күңүрт, мойну-башы жабык, тыкан жана бышык кийимдерди сатып алчу.

- Качан кайтып келдиң эле? - деп сурады Гүлбарчын.

Эки жыл мурун жөнөткөн акыркы катында курбусу өзүнөн бир топ жаш улуу, мал менен байыган оокат-жайлуу нарындык кишиге турмушка чыгып, аны менен Нарынга кетип баратам деп кабарлаган. Шаардык жигитке турмушка чыгып, өмүр бою шаарда жашасам деп кыялданган жан курбусунун бул катына Гүлбарчын ошондо аябай таң калган. "Башка түшсө, байтал жорго" деген ушу тура деп улутунуп койгон өзүнчө. Айганыштын жазганына караганда тиги ашкан бай фермер күйөөсү болгон мал-мүлкүн анын бут алдына төшөп салыптыр. Аялзатына мындан ашкан бакыт барбы.

- Жарым жыл мурун, - деп жооп берди Айганыш.

- Анан ошондон бери телефон чалганга жараган жоксуңбу, ботом?

- Эмне үчүн сени менен байланышпаганымды өзүм да билбейм, - деп ийиндерин куушурду курбусу. - Сен эми атактуу адамсың да, коомдун "каймактары" менен аралашып жүрөсүң, өзүмдү таңуулап жаткандай болбоюнчу дедим окшойт.

- Андай сөзүңдү уккум да келбейт! Экөөбүз доспуз го. Кайда жашап атасың? - деп сурады Гүлбарчын.

- Жакын эле жерде. Бурчтун ары жагында!

- Киев көчөсүндөбү? Сонун жерден орун-очок алыпсың го!

- Ооба, мурунку академиктерге деп салынган чакан үйлөрдүн бирин сатып алгам. Кире кетпейсиңби? Шам-шум этип, сүйлөшүп отуралы.

Гүлбарчын кол саатын карады:

- Азыр баралбайм, иш боюнча жолугушууга бараттым эле. Бирок саат бирлерге бошоп калам.

- Жакшы болот. Бошоруң менен меникине келе кал. Мен тамак дайындап турайын.

Айганыш алтын түстүү сумкасынан кызыл капчыгын алып чыгып, Гүлбарчынга визиттик карточкасын сунду.

- Гуля, сени жолуктурганыма жетине албай аябай сүйүнүп жатам! Дарегим карточкада. Сени чыдамсыздык менен күтөм.

- Бир аз кечигип калсам таарынба, макулбу? Жолугушуу көпкө созулуп кетиши мүмкүн, - деп эскертти Гүлбарчын.

Ошол учурда сатуучунун сары күрмөсүн кийген шыйпаңдаган жигит алардын жанына келип, жардам керек беле деп сурады.

- Мен тээтиги жашыл жибек юбканы кийип көрсөмбү дедим эле, - деди Айганыш. - Кайдан кийип көрсөм болот?

- Мен сизди ал жакка узатып койоюн, айым, - деди сатуучу жигит шыпылдап кийим илгичтен юбканы ала коюп.

- Кой, мен да барайын! - деди Гүлбарчын, тиги көчүгүн чайпап ары басып бараткан сатуучу жигитти карап, анын жамбашындагы бир бурамасы шылкылдап бошоп калган го деп ойлоп койду.

- Бир бөтөлкө шампан ачып турам! - деп Айганыш артынан кыйкырып калды.



Шампан белгилүү "Ля-Рошель" маркасыныкы, ал эми "чакан үй" дегени заңгыраган үч кабаттуу кооз там экен. Биринчи кабатта ашкана, тамактануучу жай жана конок бөлмө жайгашкан, күңүрт кызыл жыгачтан оюу түшүрүлүп жасалган жана жылтырата лакталган кенен тепкич менен өйдө көтөрүлгөндө чоң конок үй, үчүнчү кабат болсо толук бойдон кожейкеге ылайыкташтырылып жасалыптыр. Ал жакта чоң ваннасы жана лоджиясы менен уктоочу бөлмө бар экен. Далдайган кенен лоджияда кооз идиштерге отургузулган ажайып кооз гүлдөрдүн жыпар жыты аңкыйт, тамак ичүүчү оор үстөл менен төрт отургуч жана чалкалап жатып күнгө кактана турган эки шезлонг турат. Уктоочу бөлмөнүн терезелери түштүктү карайт, андан жашыл бакка курчалган чакан короону көрүүгө болот. Балкондо жөн эле отуруп алып эс алуунун өзү эле жанды сергитет, анткени Бишкектин борборунда ушундай тынч, ажайып жайды табыш оңой эмес.

Коногун үстөлгө отургузган Айганыш биринчи кабаттан лифт менен алып келген мөмө-жемиштерди идиштерге салып, дасторкон жайып жана акыркы жылдарда башынан өткөндөрүн курбусуна бежиреп айтып берип жатты. Гүлбарчын жымжырттык менен жайбаракат абалга магдырай түшүп, жасмин менен ландыштардын керемет жыты аралашкан салкын абадан кере-кере дем алып, шампандан ууртап-татып коюп, курбусунун кызыктуу баянын тыңшап отурат.

- Биз Акылбек экөөбүз Нарынга жаңы эле көчүп келгенде, - деп жатты Айганыш себеттен тамак-аштарды алып чыгып жатып, - ал фермадагы жумуштун баарын башкармам өзү бүтүрөт деген. Бирок көп өтпөй эле анысы короо-жайды караганга жетишпей жатат деп эки күндүн биринде эле ал жакка бара берчү болду. Адегенде бир-эки күнгө барып келсе, кийинчерээк жумалап жүрүп алды. Бир аз убакыттан кийин мен аны таптакыр эле көрбөй калдым. Анан ал мени ошол жердин түбүндөгү кашарга жашайлы деп көндүрө баштаса болобу. А мен, өзүң билесиң го, же бир да дүкөн, же кафе жок аңгыраган талаага барып кантип жашайт элем!

- Аның чын! - деп Гүлбарчын күлүмсүрөп башын ийкеди.

- Мына ошондуктан Бишкекке кайра баса бердим!

- Анан ушул үйдү сатып алдыңбы?

- Ажырашып атканда байкуш Акылбек менден акчасын аяган жок. "Ажырашпай эле койолу, каалаганыңдай болот, Бишкекке десең Бишкекке жаша, мен сага бир аптада бир жолу келип турам" дейт. Анысына көнбөй койдум. Отурат экем да жалдырап аны күтүп!

Акыры Айганыш өзү да отуруп, жеңил кенен шортачан бутун сунду. Узун кара чачын кежигесине байлап алган.

- Уячаң абдан жайлуу экен, - деп Гүлбарчын анын турагын мактады.

- Бул жерде менин кымындай да салымым жок, үй сатып алынган, жасалгасын дизайнер ойлоп тапкан, - деди Айганыш.

- Бирок үйдү сен таптың да! - деп Гүлбарчын каршы болуп, курбусун мактап койгусу келди.

Курбулар көп жылдар бою айрылышпай эле чогуу жүрүшкөнсүп, баштагыдай бири-бирин карап, бир маалда каткырып жиберишти. Алар өздөрүн кайрадан кандай гана тема болбосун тартынбай, бири-бирин таарынтып алам деп коркпой сырдашып, көңүлдүү күндөрдү бирге өткөргөн шайыр кыздардай сезип кетишти.

Ышталган семга балык кызарта куурулган ак нан жана жашылча салаты менен абдан даамдуу болуп калат экен. Гүлбарчын Айганыштын бокалына шампан куйду.

- Өзүңчү, кандай жашап атасың? Күн сайын коомдун "каймактары" менен аралашып, алар менен алака түзүү, иш алып барыш оңой болбосо керек, ээ? - деп сурады курбусу.

- Бирок мен, сен айткандай, "каймактар" менен аралашпайм деле! - деп Гүлбарчын шампандан ууртады.

- Койчу ай! Алдыңкы телепродюсерлер кантип эле ак сөөктөргө кирбесин?

- Мен андай деп ойлобойм, жөн гана өз ишимди аткарып жүрөм.

- Гүля, сен бет алган багытыңдан кайра тартпай, дайыма көгөрүп отуруп максатыңа жетчү элең, ээ. Сендей аракетчил болуп калсам эмне!

- Билесиңби, мен да турмушка чыгып, кайра ажырашууга үлгүрбөдүмбү, - деди Гүлбарчын.

- Апей, турмушка чыктың беле? Башка бирөөдөн уксам ишенмек эмесмин. Мен сени жумушунан башканы билгиси келбеген түркөй неме деп жүрсө.

- Мен ошол бойдон эле калдым. Күйөөгө чыгып, башка аялдардай бактылуу болом го деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Ошону бекер эле кылыптырмын!

- Аның кандай неме эле? Айтып берсең! - деп суранды Айганыш.

- Ортозаар актер болчу. Башында мени сүйгөндөй сезилчү, көрсө мен анын алдыга умтулган укмуштай карьерасына тепкич гана болуптурмун.

- Тигини! Аның даана шүмшүк тура! - деп Айганыш кейиштүү улутунду.

- Ооба, туура айтасың, - деп Гүлбарчын башын ийкеди. - Сезимдериме жетеленип, ойлонбой иш кылган экенмин. Мындан ары сагыраак болом жана буга окшогон каталарды кетирбейм.

- Сенде эмне күнөө, - деп Айганыш чечкиндүү айтты. - Ал өзүнүн эбегейсиз чоң аспабы менен мээңди айландырып алды да, ошондойбу?

- Жок, андай эмес! - деди Гүлбарчын.

- Килтейген алигиси болбосо, анан эмнесине алдандың? - деп курбусу таң калып сурады.

- Сексте анчалык деле чебер уста эмес болчу, - деп Гүлбарчын өкүнгөнүн жашырбай айтты. - Тагыраак айтканда, экөөбүз бири-бирибизге туура келген жокпуз. Мен эстен тандырган, мээни айландырган романтикалык мамилелерди эңсегем. Акылбек экөөңөр таанышканда сен да ошондой болдуң беле?

- Акылбектин алигиси айгырдыкындай болчу, - деди курбусу.

- Чын элеби? - Гүлбарчын таң калганынан оозун ачып кала жаздады.

- Ал анысы менен аялды кантип балкытышты да мыкты билчү, - деп кошумчалады Айганыш. - Аны менен болгон сайын асманга көкөлөп учуп чыкчумун.

- А мен болсо дайыма секс менен бийик сезимдерди чаташтырып алып, ошол адатымдан көп жапа чектим, - деп Гүлбарчын күнөөсүн мойнуна алды.

- Бул кемчилигиңди студенттик жылдардан бери эле билем, - деди Айганыш. - Ошондо эле бир нече жолу оозуңду ысык сүткө күйгүзгөнсүң. Бул эки нерсени чаташтырып кереги жок деп какшап эле жатчу элем го.

- Эми мындан ары секс менен гана чектелейин деп чечтим, - деди Гүлбарчын.

- Ошондой эле кылганың жөн, ээлеген кызматың да ошого ылайыктуу! Анын үстүнө, кол алдыңда дайыма сулуучумак актерлор толтура жүрөт! Атаңдын көрү, эгер сенин ордуңда болсом, аларды катарга тизип, чекесинен чертип туруп аспабы эң чоңун тандап алмакмын, - деди ага көз арткан Айганыш. - Эмне минтип карадың? Эмне, сексте кыйынчылыктар болуп жатабы?

- Ачыгын айтсам, менимче, төшөк мамилесинде мен бир аз башкача окшойм.. . - деп Гүлбарчын ишенимсиз күбүрөндү.

- Башкача дегениң кандай? - деп сурады тикирейе тиктеген Айганыш.

- Мен анымды студент кезимде эле байкагам, - деди Гүлбарчын. - Бирок агезде жаштыгым менен маңыроолугума шылтап койчумун. Албетте, жигиттерге айып такчумун, алардын баары чыдамы жок, орой болушчу.. .

- Андай экенин айтып, даттанчу эмес элең го, - деп Айганыш кытмыр күлдү. - Алар артыңдан тим эле үйүр-үйүр болуп чуркап жүрүшсө эле төшөктө укмуш турбайбы деп жүрбөймбү сени.

- Ооба, агезде эң сонун күндөр өтпөдүбү. Бирок жаштыгымдан жана баары биринчи болуп жатканынан гана мага ошондой сезилгенин кийин түшүндүм. Жылдар өткөн сайын бара-бара секстен баштагыдай жакшы сезимдерди албай калдым. Азыр баары менин оюмдагыдай эмес, бир нерсе жетишпей жаткансыйт.. .

Гүлбарчын кептин нугу байкалбай көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн купуя темага бурулганына ичинен кубанып да турду. Жеңиш Шаршенов менен болгон жагымсыз окуядан кийин жеке жашоосуна көңүл бурбаса болбой калганына дагы бир жолу ынанган. Жакын курбусунан башка ким менен бул темада кысынбай кең-кесири сырдаша алат эле?

- Сага бир жакшы эркек керек! - деди капа боло башын чайкаган Айганыш. - Эсиңди оодарып, оргазмдын туу чокусуна жеткире турган эркек болсо гана, атаганат!

- Ачыгын айтсам, - деди Гүлбарчын, - Менде чыныгы оргазм эч качан болбосо деле керек. "Сериалдан" окушума караганда аның тим эле шумдук неме турбайбы. Бир эмес бир нече түрү болот экен. Азырынча оргазмдын кын тилдигин да, кындагысын да, деги койчу, эч кандайын көрө элекмин.

Ал үшкүрүп алып, тартайып өскөн кактусту карап ойлуу отуруп калды.

- Бирок экөөбүз окуп жүргөндө, баягы бир батирде чогуу жашачуда "ах, ох!" деп эле онтоп атканыңды укчу элем го! - деп Айганыш курбусуна сөөмөйүн кезеди. - Демек, качандыр бир кезде оргазм баары бир болгон да, туурабы?

- Чын эле ошентчү белем? Эсимде жок. Ал жөн эле жаш кыздын секске кубанып кыйкырганы болсо керек. Жасап жаткан ишимди ойлосом эле дүүлүгүп чыкчумун, бирок калп эле акыштап, чындап терең ырахат ала алчу эмесмин.

Ал шампандан чоң ууртап, улутунуп алды.

- Андай болсо сени өз колума алышым керек экен, - деди Айганыш. - Мен сага бир нече пайдалуу кеңеш берем. Оргазм жаатында меники таптакыр тескерисинче: өзүмдү кармана албайм, көз-ачып жумгуча эле бүтүп жиберем. Эркекке сөйкөнүп койсом деле, же болбосо тармал үңкүрүмө анын алигиси баш багары менен эле бүтүп калышым мүмкүн. Албетте аныкы да ошол замат элжиреп эрип, алаамдан агып түшөт. Мен ошондой угуттуумун! - деп ал бөрсөйгөн эриндерин жаланып, көзүн сүзүп койду.

- Үндү да кудай берген сага, - деп күлдү Гүлбарчын. - Сен үнүңдүн болушунча акыштай баштаганда кошуналар дубалды койгулап жиберчү эле го.

- Кудайга шүгүр, эми минтип ээн үйдө жалгыз жашап жатам, анткени ошол оңбогон адатым дагы деле бар, - деп жылмайды Айганыш.

- А секстен колуң бошой калганда эмне менен алектенесиң? Кайда иштейсиң? - деп сурады Гүлбарчын, ал өзүнүн маселеси жөнүндө жетиштүү эле сүйлөштүк окшойт деген ойдо.

- Дүкөндөрдү кыдырам. Кыргызстанда жеңил өнөр жайдын, соода-сатыктын өнүгүшүнө өз салымымды кошуп, көзүмө көрүнгөн чүпүрөк-чапыракты сатып ала берем, - деп жооп берди Айганыш. - Кыскасы, бай ойношумдун багуусунда жашайм.

- Тамашалап жатасыңбы? - деп сурады көздөрү чакчая түшкөн Гүлбарчын.

- Жок, тамашасы жок эле айтып жатам. Мен бир чоң бизнесмендин ойношумун. Ал Кыргызстан эмес, бүткүл Борбордук Азия чөлкөмү боюнча соода тармагындагы экинчи эң бай жана абройлуу адам. Бишкекте, Астанада чоң базарлары, соода түйүндөрү бар. Катыны бар, бирок ал шордуу төшөктө канааттандыра албайт экен. Мен күйөөм менен ажырашкандан кийин эс алып, мээмди сергитип келейин деп Анталияга барбаймбы. Ошол жактан Кыргызстанга учуп келе жатып учактан аны менен таанышып калдым. Экөөбүз учак Бишкекке конору менен эле мейманканадан бир бөлмө алып, ойда кумарга баттык. Ал төшөктө тим эле укмуш ойнош экен, экөөбүз таң атканча колдонбогон секстин түрү деле калган жок. Ошентип мамилебиз андан ары уланып кетти. Азыр өзүнө ыңгайлуу учурда келип, каалаганындай эметип алып үйүнө кетет. Кээде меникинде калып калат. Ою менен болгонум үчүн акчасын аябайт, айтканымдын баарын кылат. Чынын айтсам, бул заңгыраган үй да көбүнчө анын акчасына алынган. Төлөмдөрүмдүн баарын айттырбай төлөп турат. Айтор, мен абдан кымбат баалуу сойкумун.

- Анан ушул абалың сени бушайман кылбайбы? - деп суроо узатты Гүлбарчын.

- Эмнеге бушайман кылмак эле? Тескерисинче, мага майдай эле жагат. Каалаган нерсемди ала алам. Ал да баарына ыраазы. Баары оңой жана жөнөкөй. Мен аны сүйбөйм, ага турмушка чыккым келбейт, төшөктө ал мени кандырат. Гуля, "ушундай да болобу, шумдугуң кургур?" деп таң калып турасыңбы? Түшүнөм, сен үчүн бул жапайы көрүнүш. Бирок мен өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү бактылуу сезип атам. Сен өзүңдү карьераңа толугу менен арнап, азыркы абалыңа талыкпас эмгегиң, кажыбас кайратың менен жеттиң. Ал эми мендейлер кантет? Өзүң билесиң, акылдан кудай айтпаптыр, анткен менен эркектерге дайыма жакчумун. Сексти да жанымдан артык көрөм. Анан дагы үйүмдү таза жана жайлуу кармаганды билем. Мен деле бул турмушта бир нерсеге жеттим да, туурабы?

- Анын аялычы? Ал билеби? - деп Гүлбарчын кабатыр боло сурады.

- Тигинин айтканына караганда анысы эринин ойнош күткөнүнө каршы эмес экен. Ишигылса, ушундай адамга күйөөгө чыгып жатканда эмнеге барып жатканын түшүнсө керек. Анын үстүнө, өзү түзүгүрөөк кандыра албаган соң сөзү кыска да, - деди Айганыш. - Иши кылып, менин абийирим таза.

- Экөөбүз таптакыр эки башка турбайбызбы! - деди Гүлбарчын башын чайкап.

- Аның чын! Америкалыктар айткандай, ар ким өзү каалагандай чүчүтөт.

Курбулар каткырып күлүп жиберишти. Булуттардын арасынан көрүнө калган күн алардын тамылжыган жүздөрүн нурдантты.

- Анан маселеңди кантип чечсем деп ойлоп жатасың? - деп сурады Айганыш.

- Кайсы маселемди? - деп кашын серпти Гүлбарчын.

- Сексте канбаганыңды айтып жатам!

- Аа, ошонубу! Ал маселе деле эмес. Жөн эле көңүл калуу десем да болот.

- Анан чоң маселеге айланганча күтө турайын деп атасыңбы?

- Сенин оюңча мен эмне кылышым керек? Сексопатологго барышым керекпи?

- Андан көрө фаллоимитатор сатып ал, же ыйкагычын танда. Экөөнү тең сатып алсаң андан да жакшы болот. Бул пайдалуу оюнчуктарды колдонуп көрдүң беле? Жөн айтсам, жасалма чочок менен өзүңдү кандырып көрдүң беле?

- Жок, - деп Гүлбарчын эмне дээрин билбей күбүрөндү. - Эмне, азыр ошондой модабы?

- Иий, маңыроом, аялдар аны атам замандан бери эле колдонуп келатышат. Менин Нарындагы бир курбум ошону такай колдонуп, эркектерсиз эле сопсонун жашап жатат. Башында ал бечара да сендей болуп азап тартып жүргөн. Кантип чүчүтөсүң, андан көрө ошону айтып берчи?

Гүлбарчын курбусун акырая карап алды да, эриндерин жаланып, ачыгын айтты:

- Мен аны кээде эле жасайм. Антип кумарымды кандырган мага жакпайт.

- Ыйкагыч сатып ал! - деп Айганыш ишенимдүү айта салды. - Өзүңдү таптакыр таштап салган турбайсыңбы. Аны тезинен сатып албасаң болбойт! Тиги курбум жасалма мүчөнү кантип колдонушту мага да үйрөтүп койгондон бери жыргап эле калдым. Мурда муну жөн эле бир болбогон обу жоктордун оюнчугу деп ойлочумун. Эми болсо жасалма чочок менен кумарымды кандырганга жедеп көнүп алыптырмын, эки күндүн биринде эле аны менен жарпымды жаза берем. Анын үстүнө ал биздин аялдык организмибизге да абдан пайдалуу. Ар бир булчуңду машыктырып турбаса, бара-бара шалбырап, жансыз болуп калат.

Гүлбарчындын көзү чанагынан чыгып кете жаздады.

- Койсоңчу эй, кайдагыны баштабай!

- Жок, андай эмес. Медицина жана менин жеке тажрыйбам далилдеген факт! - деп Айганыш шаңкылданып күлүп калды. - Андан эмнең кемип кетмек эле? Өзүң деле көрсөң! Эртең кечинде бошсуңбу?

Эртеси ишемби болуп калган, дем алыш күндөрү Гүлбарчын эч нерсени пландаштырбай, эч жакка барбай, үйүндө эле жалгыз отурчу.

- Бош элемин го, - деп жооп берди ал.

- Андай болсо Болот экөөбүзгө кошулбайсыңбы! Анын досун да чакырып, кече өткөрөбүз. Көңүл ачабыз, макулсуңбу?

- Сен эмне, мени эркек менен тааныштырайын деп жатасыңбы? - деп Гүлбарчын акырын сурады.

- А эмне, дем алышта телевизорду тиктеп, жалгыз отурганың жакшыбы? Же чын эле жанагы оюнчукту сатып алайын деп чечтиңби?

- Болуптур, сен айткандай болсунчу! - деп Гүлбарчын макул болду.

- Дарегиңди жазып бер, үйүңдөн өзүм алып кетем. Ылайыктуу кийим кийгениңди өзүм көзөмөлдөбөсөм болбойт. Кече - бул иш боюнча жолугушуу эмес. Баса, сен үчүн, менин билишимче, алардын ортосунда айырма деле жок.

Гүлбарчын бырс күлүп жиберди, Айганыштын айтканы туура болчу. Экөө кийим-кечеге келгенде эле талашып-тартышып жатып калышчу. Романтикалык жолугушууга Айганыш кыска юбка менен төшү ачыгыраак кофта же көйнөк кий десе, Гүлбарчын көшөрүп болбой, бир өңчөй, мойну-башы жабык кийим кийип алчу.

- Мен сага көйнөктү өзүм тандап берем, - деди Айганыш. - "Вефа"дагы "Жарашык" бутигине барабыз, ал жердеги андан башка дагы ич кийим менен бут кийим саткан үч бутик Болотко карайт.

Башка бирөө ушинтип айтса, Гүлбарчын таарынып калмак. Бирок Айганыш кандай сөз айтса да кечирчү. Анын үстүнө, "кийимге болгон көз карашымды өзгөртсөм эмне болот эле" деп ойлоп койду. Мүмкүн кыска юбка менен төшү ачык блузкаларды кие турган кез келгендир.

- Мен сага саат беште барам! - деп чечкиндүү сүйлөгөн Айганыш бөтөлкөдө калган шампанды бокалдарга куюштурду.

2 - бөлүм

Гүлбарчын Жаш Гвардия бульварынан анча алыс эмес Жибек-Жолу көчөсүндөгү эски, алачыктай болгон үйлөрдүн ордуна тургузулган чакан, бирок заманбап үлгүдө салынган үйлөрдүн биринде жашачу. Үйдүн архитектурасы да, бульварга жакын жайгашкан бул кварталдын өзү да ага абдан жагат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү эски стилде салынган заңгыраган тамдардын биринде жашоого эч качан умтулган эмес. Анын үстүнө, андай үй сатып алса, үй кызматчы жалдаганга туура келмек, андан көрө ашыкча чыгашасы, убаракерчилиги жок тынч жашаганы артык эмеспи.

Үйүнө кечки алтыда келди, автожоопбергичтеги билдирүүлөрдү угуп, келген каттарга көз жүгүрткөнчө дагы бир саат өтүп кетти. Иш бөлмөсүнүн терезеси көчө жакты карайт. Ал жакты карай калып, үйдүн жанына мотоцикл келип токтогонун, андан түшүп үйдү көздөй келе жаткан чабарманды көрдү. Ал мурда да зарыл почта же телекомпаниялардын сценарийлерин жеткирип келип жүргөн. Ошондуктан аны көрө коюп, коңгуроо кагылганча күтүп отурбай сыртка чыкты.

- Саламатсызбы, Гүлбарчын Касымалиевна! Бул жерге кол коюп коюңуз, - деди тиги чабарман жигит суук тийген каргылданган үнү менен. Башындагы шлемин өйдө кылып, Гүлбарчынга каттоо журналын сунду.

Анын кайыш күрмөсүнө кептелип нымшыган денесинин тер жыты аялдын мурдун өрдөп кетти. Сыягы, бул рокер жигит уктаганда да үстүндөгү кайыш күрмөсү менен башындагы шлемин чечпейт көрүнөт. Гүлбарчын каттоо журналына чиймелеп кол коюмуш болду да, бандеролду алып, чабарманга ыраазычылык билдирип, эшикти жапты.

Оромонун сырткы көрүнүшү башкача эле, жөнөткөн адамдын аты-жөнү жок, ал эми алуучунун дареги баш тамгалар менен колго жазылган. Гүлбарчын аны арыдан-бери ача салып, ичинен алтын түстүү жылтырак кагазга оролгон узатасынан кеткен кутучаны тапты. Бүйрү кызый түшкөн Гүлбарчын конок үйгө келип, диванга отура калды да, кутуча капталган жылтырак кагазды сыйрыды.

Сүйрү кутучанын тышындагы "Тез ыйкагыч кубаттуу вибратор" деген жазууну окуганда Гүлбарчын каткырып жиберди. Айганыш белегине кошуп карточкага кооз тамгалар менен "Ырахаттан!" деп жазып жибериптир.

Айганыш курбуларына белек бергенди аябай жакшы көрөр эле. Бул жолу ал оригиналдуу гана эмес, эң керектүү белек тандаптыр. Ыйкагыч бир топ эле оор экен. Адамдын денесине түспөлдөш пластмассадан жасалган бул аспап эркектин кооп турган олжогойуна окшош жана бир аз ийилип турат. Төмөн жагында аны кыймылга келтирүүчү топчу жана ылдамдыгын жөнгө салгыч шакекчеси бар. Олжогойдун баш жагы томпоюп, кан тамырлары көгүш тартып көөп турат. Айганыш ага таш салганды да унутпаптыр, анткени "таштар комплектке кирбейт" деп кутунун тышына жазылган. Антпесе Гүлбарчын чын эле секс-шопко кирип, мындай буюм сатып алганга чыгынбай жүрө бермек. Эми камкор курбусу Айганыштын арты менен бул аспап колуна тийген соң аны иш жүзүндө байкап көрбөсө болбойт го.

Точпуну басты эле сыйкырдуу механизм дырылдап акырын иштей баштады. Чочуп кеткен Гүлбарчын ыйкагычты колунан түшүрүп жиберди, ал тизесине кулап түштү. Ошол замат сандары жагымдуу титиреп, аласында таттуу сезим пайда болду. Гүлбарчын коркконунан онтоп жиберип, ыйкагычты өчүргөнчө шашты.

Бир азга демин басып тынчтанып, баарын кылдат ойлонуп албаса болбойт. Шампанга бираз кызый түшкөн байкуш ичи элжиреп кетип курбусуна ымандай сырын ачып таштабады беле. Гүлбарчын чын эле бир да жолу анык оргазмга жеткен эмес. Эселек кезинен эле сүйүүнүн сыйкырдуу ыкмаларын үйрөтө турган келишкен сулуу ханзаадага жолугам деп кыялданчу. "Акыры аны менен китеп-журналдардан окуган керемет сүйүүнү сезип, кумардын таттуу толкунунда чабак урам жана ошол замат көптөгөн маселелерим өзүнөн-өзү чечилет" деп ойлочу.

Бирок жылдар кербенчинин төөлөрүндөй болуп биринин артынан бири чубап өтө берди, ал эми жомоктогу ханзаада ошол бойдон пайда болгон жок. Гүлбарчын менен жакын мамиледе болгон эркектердин баары Жеңишке окшоп орой жана өзүмчүл болду жана анын сезимдери менен эч кимисинин иши да болгон эмес.

Жаңыдан турмушка чыкканда күйөөсү менен төшөк жыргалынын чет-жакасын көргөндөй болгон. Бирок кийинчерээк өз аброюн тобокелге салып, анын карьералык өсүшүнө көмөктөшүүдөн баш тартканда, анысы да "сен андай кылсаң, мен мындай кылам" дегенсип, сексти бетине карманып, андан өч алайын деп чечти көрүнөт. Анан алардын төшөк оюндары бара-бара солгундап, экөө кийин таптакыр чоочун адамдардай болуп калышты.

Ошондон кийин Гүлбарчын кыялындагы сыйкырдуу ханзаададан үмүтүн үзүп, бүт күч-кубатын ишине жумшай баштады. Ара-чолодо Жеңиш Шаршенов өңдөнгөн эркек сөрөйлөр менен төшөккө жата калып, кумарын кандырып алайын деген аракетин да таш каап, ого бетер көңүлүн чөктүрөр эле. Анткен менен өзүнүн төшөк жаатында тажрыйбасын байытпаса, оюндагы натыйжасына жете албасына көзү жеткен. Бул бүтүмгө келишине буга чейинки жеке турмушун талдап ойлонушу себеп болгон. Күн өткөн сайын турмушунда сыйкыр жарата турган адам жомоктогу ханзаада эмес, өзү экенин даана түшүнө баштаган.

Айганыштын "секс менен тез-тез машыгып турбасаң, каалооң да жоголот, жыныс аппаратың да бара-бара жараксыз болуп калат" дегени туура болчу. Айганыштыкынан ичилген шампан Гүлбарчындын тамакка болгон табитин ачып койду. Ал ыйкагычты ары коюп, шам-шум этип алыш үчүн ашканага келди. Муздаткычтагы тооктун санын жашылча менен чөп-чар аралаштырып кууруй салды да, ашканадагы үстөлгө отуруп алып, эртең мененки почта менен келген "Таалайы тайкылар" фильминин сценарийине көз жүгүртүп, кардын тойгуза баштады. Текст өткөн жумада автордун кайра карап чыгуусуна берилген жана ал кандай өзгөртүүлөрдү киргизди экен, анын айткан эскертүүлөрү эске алынды бекен, көргүсү келип кызыгып жаткан.

Саат тогузда тикирейип кагаз тиктегенден көздөрү ачышып, тарелкада болсо куурулган тооктун сөөктөрү гана калганда Гүлбарчын кол жазмасы менен папканы жаап, жыпар жыттуу ваннага түшүп, анан эс алыш үчүн ордунан турду.

Саат тогузда тикирейип кагаз тиктегенден көздөрү ачышып, тарелкада болсо куурулган тооктун сөөктөрү гана калганда Гүлбарчын кол жазма салынган папканы жаап, жыпар жыттуу ваннага түшүп, анан эс алыш үчүн ордунан турду.

Конок үйдү аралап өтүп баратып, Айганыштын белеги оролгон жылтырак кагаз көзүнө урунду. Жасалма котос эсине түштү. Аны колуна кармап, уктоочу бөлмөсүнө жөнөдү. Бул бөлмөнүн көпчүлүк бөлүгүн далдайган эки кишилик керебет ээлейт, дубалдарды бойлото жапыс комоддор коюлган, кийим-кечеси дубалдын бою менен бир шкафка салынган. Бөлмөнүн оң тарабындагы эшик андан чаканыраак бөлмөгө алып барат, ал эми сол тарапта душ кабинкасы менен ванна жана даараткана бар.

Гүлбарчын жасалма котосту бир карап алып, аны керебеттин үстүнө ыргытты. Ал солкулдап барып, көзгө окшогон топчусу менен жаңы кожейкесин карап жатып калды. Гүлбарчын үстүндөгү кийимдерин чечип, сууну агызды. Ванна тез эле жылымык сууга толо түштү. Гүлбарчын ваннанын ичине бутун сунуп жатты да, көздөрүн жумуп магдырап баратты. Бир саамга кыймылсыз жаткан соң ал жакузини иштете турган чакан моторду жандырды, ошол замат суунун үстү бурк-бурк этип көбүрүп, денесин гидромассаж кыла баштады. Буркулдап көбүргөн агымдардан үрптөрү гүлдүн майда чанагындай болуп көөп, катуу боло түштү. Гүлбарчын көмкөрөсүнөн жатып, ваннанын түбүнөн өйдө көздөй атырылган агымдарга аялуу жерин тосо буттарын талтайтты. Бир аздан кийин жагымдуу сезимдер күч ала баштаганда Гүлбарчын жасалма чочокту көз алдына келтирди.

Айрым чыгыш элдеринде мол түшүмдүн символу болгон бул табышмактуу аспап аны толкундантып, денесин калтыратты. Аны колдонсомбу же колдонбой эле койгонум оңбу деп ыйкы-тыйкы болгон сезими бара-бара кайдадыр эрип жок болуп, жан жери жыргал эңсеп зарыгып, дирилдеп кеткенсиди. Бүдөмүк ойлорго кептелген жүрөгү капаска түшкөн чымчык сымал тыбырчылап, катуу сого баштады. Курсагынын төмөн жагы салмактанып, үрптөрү сайгылашып кетти.

Гүлбарчын денесин атыр самын менен самындап, душтун астына тура калып, чайканды да, ваннанын суусун агызып, сыртка чыкты. Сүргү менен денесин кургата аарчынып, бетиндеги бойоктун калдыктарын кебез тампон менен аарчыды. Тырмактарындагы лакты да тазалап салсамбы деп ойлоду, бирок анткен жок. Уктоочу бөлмөдө күтүп отурган кыялындагы ойношун көпкө күттүрүп, зарыктыргысы келбеди.

Аңгыча Бишкекке күүгүм кирип, көчөлөр караңгы болуп калды. Уктоочу бөлмөсүнө кирген Гүлбарчын үстөлдө турган түнкү лампаны күйгүздү. Кызыл пардаларды тартып, бөлмөнү сыдыра карап алды. Дубалдагы майда гүлдүү кызгылт обойлор күңүрт тартып, жашыл килемдин өңү да өзгөрө түшүптүр. Кардай аппак жабуу гана өңүнөн жазбай көздү уялтып жайкалып жатат. Гүлбарчын аны сыйрып таштап, кызгылт жибек шейшепти алаканы менен сылап койду. Комодго коюлган ыйкагыч анын катышуусунда азыр баштала турган шаан-шөкөт өтүүчү жайды карап, кудуңдап тургансыйт. Аны жалт карап алып, башы айлана түшкөн Гүлбарчын жаздыктарды түздөп, керебетке суналып жата кетти.

Ал көптөн бери өзүн сылап-сыйпалай элек, ошондон уламбы, бир аз тарткынчыктап, жүрөгү түпөйүл болуп турат. Тиги дердейген жасалма ойношун карабастан, комоддун астыңкы тартмасына колун созуп, андан жибек моюн орогучтардын бирин сууруп алды. Жумшак жана муздак кездеме анын ысып чыккан денесин жагымдуу сылап, туура пайдалана билген кишиге күтүүсүз сюрприз тартуулайм дегенсийт. Гүлбарчын аны өйдө силкип туруп, койо берип жиберди. Моюн орогуч тирсийген үрптөрүнө жумшак коно калып, ылдый жылмышып, курсагын сылап барып, чатына жабылып калды. Бул укмуш таттуу сезимдерден Гүлбарчын жыргалга бата жылмайып, аны кайра көккө ыргытты. Бул жолу жибек кездеме сезимтал жерлерине тийгенде денеси чымырап кетти. Бөрсөйгөн эриндеринен жеңил үшкүрүк чыгып, көзү тумандап баратты.

Гүлбарчын буттарын эки жакка сунуп, моюн орогучту сууланышкан жан жерине, жумшак түктөрүнө тийгизди. Кын тили назик дирилдеп, тулку боюнда кумар оту жалбырттай түштү. Ал оң алаканын чатына коюп, жумшак дөңчөнү манжасы менен сылай баштады. Ысып чыккан денесин электр тогу ургансып, калчылдаган Гүлбарчын тез-тез жана оор дем алып жатты.

Гүлбарчын кайрадан жасалма чочокту карап алып, оозуна толо түшкөн шилекейин жутту. Бул ыйкагыч анын кынына кирген накта пенистерден бир кыйла узун жана жоон эле. Дал ушул нерсе аны бир аз чочулатып турат. Анын алакандай болгон аласына ушул килтейген неме кантип кирмек эле? Кындын булчуңдары жыйрыла түшүп, ширеси сандарынан сызылып акты.

Мурда Гүлбарчын буттарын кысып алып манжасы менен кын тилин укалап ырахат алчу. Андан соң өзүн жеңил сезип калып, тез эле уктап калар эле. Бирок азыр ал тереңирээк, курчураак сезимдерди эңсеп, жүрөгү опкоолжуп турат.

Гүлбарчын кын тилин жибек кездеменин сыртынан дагы ушалап алып, мурдагыдан да күчтүүрөөк дүүлүгө түштү жана көөп чыккан мала кызыл үрптөрүн карады. Алары мол түшүмдүү кең талааны элестеткен курсагынын өйдө жагындагы эки дөңдүн чокусундагы эки чакан мунарага окшоп кетет. Жибек кездеме токойду элестеткен чатындагы түктөрүн жаап, манжасы менен басылган жан жерин аралап өтүп, аласынан ылдый үңкүргө агып кирип жаткан шаркыратмага окшойт. Дал ошол үңкүрдө тиги сыйкырдуу аспаптын жардамы менен Гүлбарчын кумар отун тутандырып, өзү феникс кушу сымал канбай жүрүп өчүп бараткан жалындан кайра жаралып, канаттарын каккылап учуп чыккысы келди.

Ал комоддун үстүндө турган фаллоимитаторду ала коюп, алакандарынын жылуулугун өткөргүсү келгенсип аны кыса кармады. Анан анын баш жагын жалап алды эле, тиги неме тирүү пенистен бетер титиреп кеткендей туюлду ага. Гүлбарчын оозун чоң ачып, көздөрүн жумуп, жасалма мүчөнү жан-алы калбай соро баштады. Оозуна шилекей толуп, аласы жыйрыла түшүп, денеси ымыр-чымыр болуп кетти. Ал бул сыйкырдуу аспапты баштагыдан да күчөп, берилип соруп кирди, улам жаңы сезимдерден селт этип бүрүшө калып, кайра түзөлөт.

Бир маалда анын көктүгү сыйкырдуу үзүрүн берди: анын денесинде бир күтүүсүз жылыш пайда болгонсуду. Бул көрүнүш эшиктин кулпусуна топ ачкычтын арасынан бирөө туура келип, ал шарак этип ачылып кеткендей же болбосо тырышып эпке көнбөй жаткан сыдырма дароо сыдырылып кеткен сыяктуу эле. Анын жаратылышынын буга чейин эки бөлөк жашап келген эки бөлүгү биригип, бири-бирине бекем чапташып, бир бүтүн нерсеге айлангансыды.

Жарака кеткен денесинин бир бөлүгү окчун жерде туруп алып, экинчи бөлүгүнө көз кырын салып, кнопкаларын баскылап, аны башкарууга аракеттенгенсиген жагымсыз сезим жоголду. Буркулдап кайнаган кумардын кожогаттай коюу кочкул агымы аны жууп, оолак агызып кетти.

Эч бир буйдалбастан, Гүлбарчын котосту оозунан сууруп алып, тизелерин бүгүп, көчүгүн төшөктөн көтөрдү да, оң колу менен аласындагы кара моюн орогучту сыйрып алып, сол колу менен ыйкагычтын башын кын тилине такады. Ал силкилдеп жыйрыла түшкөндө көзү мунарыктап кетти. Бирөө жабык турган оозун ачып жибергенсип, кынынан ысык суюктук акты.

- Бул эмнеси? - деп кыйкырып жиберди жаңы, бейтааныш сезимдерден башы айланган Гүлбарчын. - Эмне болуп баратам?

Жасалма чочокко жан кирип, ал өз алдынча сууланышкан кара түктөр менен капталган оюкчага сойлоп кирип кетти. Мындай көлөмдүү аспаптын анын оймоктой болгон тар жерине жеңил жылмышып кирип кетишине шилекейи да, кындын суюктугу да көмөкчү болду. Фаллоимитатор тереңирээк сүңгүп кирген сайын курсагынын төмөн жагы жагымдуу керилип, жылуулук денесине ылдамыраак тарап баратты.

Гүлбарчын көздөрүн жумары менен албырган кынына кирип бараткан килейген олжогой көз алдына даана тартылды. Кындын капталдары жыйрылганына карабай, ыйкагыч караңгы тоннелди аралап, томпойгон башы менен алдыга жиреп кетип баратты. Гүлбарчындын манжалары аспаптын төмөн жагын койо бербегени менен ичиндеги ыйкагыч өз алдынча кыймылдап, кирип-чыгып жаткандай туюлду. Анын жасалма кан тамырлары көөп, баш жагы чыныгы пениске окшоп калчылдап, жатындын оозуна уруна баштады. Кандай гана таң калыштуу болсо да, Гүлбарчын белгилүү бир эркекти элестеткен жок, анын ордун эркектик башатты символдоштурган ушул килтейген чочок ээледи.

Гүлбарчын мынчалык катуу чабуулга көнбөй каршылык көрсөткөн кынына аны жанталаша тыгып, өйдө-ылдый кыймылдатып жатты. Бул ыйкагыч жеткен терең түпкүрүнө бир да эркек жете алган эмес. Ал кындын капталдарын болушунча керип, тыкыс, жоон денеси менен бүт бойдон ээлеп алды. Мындай сезимдерди Гүлбарчын буга чейин сезген эмес эле.

Ал көчүгүн төшөккө такап, тиштенип алып, тынчы жок коногун аласына бекем кысты. Бирок тиги колтойгон неме ага баш ийгиси келбегенсип, баштагыдан да катуураак, чоңураак боло түшкөндөй сезилди. Кыны жыйрыла түшүп, кын тили титиреп, мээсинде сары-кызыл чагылган чарт-чурт этип барып, Гүлбарчынды ырахаттын күчтүү толкуну баштан-аяк чулгады. Ал өзүн кармана албай, акыштап жиберип, катуу онтоп алды да, башын чулгуп жатып калды.

Аң-сезимдин эң тереңинде сыйкырдуу аспапты иштетиш керек го деген ой пайда болду. Ошол замат оң колун сууланышкан аласына сойлотуп, аспаптын түп жагындагы кнопканы сыйпалап таап басып жиберди. Жасалма котос зуулдап, дыр-дыр этип титирей баштады. Гүлбарчын терең дем алып алды да, шакекчесин аягына чейин бурап, ыйкагычты болгон кубатына койду.

Гүлбарчындын аң-сезими тунарып, аласындагы өзгөчө сезимдерден башканын баарын эс-учунан чыгарып салды. Салаалары карышып, жылмышчаак аспапты араң кармап турат. Анын ар бир нерви жылаңачталып, ар бир клеткасы өрттөнүп жаткансыды. Бул өрттүн чордону эбегейсиз зор көлөмгө жеткен кын тили болчу.

- Жок! Жок! - деп кыйкырып жиберип, Гүлбарчын керебетте туйлап секире баштады. Ошол учурда "Кантип эркектин тукумдоо мүчөсүнө окшотуп пластмассадан жасалган ушул аспап мени ушунчалык ырахатка балкытып, эсимди эңгиретип таштады?" деген жалгыз суроо анын мээсин ээлеп алган. Эч нерсе жөнүндө ойлонууга алы келбей, тумандап калган мээси бул суроого жооп табалган жок, бирок балыктай туйлап, чебелектеген тулку бою таң калыштуу бир нерсе болгонунан кабар берип жатты.

Кын тилинен тараган жылуу агымдар сандарын, курсагын аралап өтүп, көчүгү менен төшүнө жетти. Бүт денеси түгөлү менен ажайып жүндүү татынакай аңча болуп чыга келди. Ички туюму Гүлбарчынга ал өмүр бою эңсеген зор оргазм жакындап келатканынын кабарлап жатты. Ал анын дүйнөгө болгон көз карашын бүтүндөй өзгөртүп, айланага башкача көз менен кароого аргасыз кылат. Балким ал жарылуу ушунчалык күчтүү болгондуктан, анын башындагы ойлордун баары туш-тарапка чачырап, андан ары таптакыр жоголуп кетер.

Ички туюму Гүлбарчынды алдабаптыр: бир аздан соң анын аң-сезими караңгылап, дирилдеген үн кулагына жаңыра баштады. Денеси чыңалып, гитаранын кылдарындай тартыла түштү, курсагынын төмөн жагы калчылдап, көчүгү топтой түйүлүп төшөктө өйдө-ылдый тынымсыз секирип, колу болсо ыйкагычты кынга болушунча терең матырып жиберди.

Бүдөмүк сезимдердин топтому тарс жарылып, хрусталь чачырандылары борбордон туш тарапка чачырап, үрптөрүнө, сөөктөрүнө, тизелерине, чыканактарына, билектери менен кызыл ашыгына сайылды. Отко какталган узун ийне учуп келип эки көзүнүн дал ортосуна сайылганда Гүлбарчын ыркырап жиберип, катуу чаңырды. Чылк жумулган көздөрүнүн алдында кара төрт бурчтук пайда болуп, анын чок ортосунан алтын түстүү учкундар чачырап жатты.

Бирок оргазмдын укмуштуу элестери ушуну менен эле түгөнүп калган жок, ал экинчи бөлүгүнө өттү. Таттуу калтырак баскан булчуңдар бошоп, денеси эриген кылтылдаган массага айланды. Жылмышчаак ыйкагычты койо берип жибербейин деп корккон Гүлбарчын сандарын кысып, бүгүлгөн тизелерин ээгине такап, колдору менен бекем кучактап алды. Ал бул жыргал секунддарды узарткысы келди, бирок вибраторду өчүрүп салса дурус болоруна акылы жеткен жок. Бул катасы ошол замат натыйжасын берди.

Адегенде жасалма котос анын организмине сүңгүп кирип, анын жаңы мүчөсүнө айлангандай туюлду. Бир аздан кийин ал кынды казып дырылдап, ары кире баштады. Коркуп кеткен Гүлбарчын түзөлө калып, буттарын эки жакка керип, аласындагы вибраторду кынынан сууруп алды да, моторун өчүрдү. Аласы аңгырап ээнсирей түштү. Гүлбарчын көздөрүн ирмегилеп, калчылдап терең дем алып алды да, титиреп чыккан кынына вибраторду кайра тыгып жиберди.

Көздөрүндө кызыл-тазыл чыбырчыктар пайда болгон Гүлбарчын ачуу чаңырып, акылдан адашкан аңгилердин кылышуусун элестетип, аспапты орой жана катуу малып, кайра тартып алып, кайра терең матырып жатты. Анын назик тармал аласы бул чабуулга туруштук бере албай чыйылдап жибергендей болду. Гүлбарчындын чакчайган көздөрүнөн чаары учту. Ал оозун чоң ачып, үнүнүн болушунча катуу кыйкырып сөгүнө баштады. Уккан адамдын оозун ачырып, уялганынан жерге киргизип жиберчүдөй болгон адепсиз сөздөр уктоочу бөлмөнүн дубалдарын титиретип, жаңырып, абада калкып барып, анын аласынын аңкыган кайталангыс жытына аралашып кеткенсийт. Бул көрүнүш Гүлбарчынды ого бетер делөөрүттү. Ал ыйкагычтын түбүн колуна бекем кысып алып, аны шумдуктай тездик менен кыймылдатып жатканын көргөн ар бир эркектин көзү төбөсүнө чыкмак. Бир убакта Гүлбарчынды жомоктогу кентавр - жарым киши, жарым айгыр өзү келип ийлеп жаткандай туюлду.

Чылпылдап суу болгон аласынан шалп-шалп эткен дабыш чыгат. Вибратор арышын тездетип, уламдан-улам терең сүңгүп баратат. Оргазмдын жаңы толкуну келатканынан Гүлбарчын эми күмөн санабай да калды. Аң-сезиминин тереңинде Айганышка телефон чалып, керемет белеги үчүн чын дилден рахмат айтып, күтүүсүз кабылган жаркын сезимдери, таасирлери менен тең бөлүшүп коюш керек деген ой пайда болду. Биринчи оргазм Гүлбарчынды жагымдуу таң калтырса, экинчиси аны таптакыр башка адам кылып салды. Эми ал ырахат алуу процессин толук көзөмөлгө алып, вибратордун кынга киришинин тереңдиги менен ылдамдыгын өзү каалагандай өзгөртө алат. Ал өз денесине толук ээлик кыла алат жана бул жаңылыкка абдан кубанып жатты. Ал башына конгон бактысына жетине албай ыйлап да, күлүп да жибергиси келди. Бүгүн ал үчүн жаңы жыргал сезимдердин дүйнөсү ачылды жана ага өзү гана ээлик кыла алат.

Бул ачылышынан кубат алган Гүлбарчын кын тилин берилип эзгилеп, вибраторду кынына болушунча терең матырып, кайра жай сууруп алып жатты. Денеси анын ар бир кыймылына жаңы сезимдер менен жооп берип, бул көрүнүш Гүлбарчынды кубандырып гана тим болбостон, төшөк оюндарын курч сезип, андан зор ырахат алууга жөндөмдүү экенине дагы бир жолу ишендирди.

Бул тажрыйбанын чектерин кеңейтип, ал сол эмчегин сылагылап, үрпүн чойгулап, чымчып, уялбастан эле кыйкырып, онтоп жатты. Ар бир чымчыганы кынындагы сайгылашуудан кем калышпаган күчтүү сезимдерди жаратты. Акыры ал кайра кайткыс экстаздын туу чокусуна жетти окшойт - Гүлбарчын денесин сылаганын токтотуп, ыйкагычты аласына катуу тыгып жибергенде нервдеринен от чагылып кеткендей болду. Оргазм аны чагылган сымал чаап өткөндө кынына терең сүңгүп кеткен ыйкагычтын артынан өзү да аңтарылып, ошол караңгы түпкүрдүн түбүнө кулап бараткандай туюлду.. .

- Бул менмин! - Трубкадан чыгып жаткан чаңкылдаган үн Айганыштыкы болчу. - Бир аз кармалып калам го. Ошону айтып койоюн деп эле чалдым сага. Болоттун чыдамы кетип калыптыр. - Ал кыткылыктап күлүп алды. - Мен сага саат алтыда барам. Уктуңбу?

- Макул, - деди Гүлбарчын. - Демек, сен менин туура кийингенимди текшербейт экенсиң да?

- Кабатыр болбо, баары жайында болот, - деди курбусу.

Анан коштошпой эле трубканы коюп салды. Сыягы, Болоту чын эле чыдабай калса керек. Гүлбарчын ийиндерин куушуруп, улутунуп алды да, терезени тиктеп туруп калды.

Эки жумадан бери куйкалаган ысык аба ырайы акыры айныды. Анан Бишкекте мындай көрүнүш өтө сейрек болгонуна карабай, температура кескин он градуска төмөндөдү. Түндүктөн соккон суук шамал сөөктөн өткөн муздак абаны алып келди. Жамгыр жаай элек, бирок шаардын үстүнө кара булуттар чогула баштады. Көчөдө чурулдап ойноп жүргөн балдар, ары-бери өткөн кишилердин аягы тыйылып, көчө ээнсирей түштү.

Айганыштын телефон чалганы Гүлбарчындын демин суутуп койду. Опера театрына барардын алдында экөө сүйлөшүп алууга үлгүрүшөт го деп ойлогон. Жасалма чочокту колдонуу боюнча анын курбусуна бере турган толтура суроолору бар болчу. Айганыштын сөзүнө караганда ал аны колдонуштун жашыруун ыкмаларын билет көрүнөт. Дагы Гүлбарчынды кызыктырган маселе: мастурбация - жасалма чүчүтүү эркектер менен болгон интимдик мамилелерге терс таасирин тийгизбейби? Аларга болгон кызыгууну алсыратып, дене кумарын кандыруунун башка, адаттан тышкары ыкмаларына берилип кетпейби деги?

Ыйкагыч менен жасаган алгачкы тажрыйбасы учурунда болгон нерсенин баарына Гүлбарчын дагы эле ишене албай турган. Эгер эртең менен ойгонуп керебеттин жанындагы үстөлдө турган жасалма чочокту көрбөгөндө мунун баары түшүмө кирген тура деп ойломок. Аны түшүндө көрсө да Айганыш менен жакшылап сүйлөшүп албаса болбойт. Бирок эми анткенге алардын убактысы болбой калды.

Түшкө чейин ал "Таалайы тайкылар" фильминин сценарийинин оңдолгон вариантын окуп чыкты жана аны жактырды. Сценарист анын бардык эскертүүлөрүн эске алып, фильмдин сюжетин да, каармандардын мүнөздөрүн да өзгөртүп чыгыптыр. Өзгөчө башкы кейипкерлер, аял менен эркектин бейнелери ачык, даана берилиптир. Экөө тең олуттуу жана күчтүү адамдар болгондуктан, алардын ролун аткаруу да татаал жана кызыктуу болмокчу. Бул жагдай продюсер менен башкы режиссердун ишин бир аз жеңилдетип, керектүү актерлорду оңой табууга шарт түзөт. Жылдыздардын баары кежир келип, начар ролдорду аткаргысы келбейт эмеспи. Эркин Жетигенов керектүү кандидатураларды караштырып жатканын айтып, ошентсе да эки башкы ролду аткара турган актерлордун фамилиясын Гүлбарчындан уккусу келерин билдирген. Андыктан "ыйкагычты кантип колдонуш керек?" дегенден дагы башка Гүлбарчындын башын катырган толгон-токой маселе бар болчу. Ал сценаристке телефон чалып, ага мыкты иши үчүн ыраазычылык билдирди жана дем алышта бир нече анча маанилүү эмес оңдоолорду киргизип коюшун өтүндү. Анткени дүйшөмбү күнү эртең менен текст терүүгө берилет. Трубканы коюп, саатын карады: төрт болуп калыптыр, театрга эмне кийим кийгени дурус болорун ойлоно турган убакыт келип жетти. Улам бир ишке алаксып, түндөгү окуя жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк болбой жатканына Гүлбарчын өзүнчө сүйүнүп жаткан. Мындай окуяларды Айганыш менен талкуулаганы оң, ал туура баалап, жакшы кеңеш бере алат эмеспи.

Айганыш айткандай, гардеробун алмаштыра турган убакыт эчак эле келген. Анда илинип турган костюм, көйнөктөрдүн көбү жөнөкөй, ишке кие турган фасондо тигилген, операга алардын бирөөсүн гана - кездемеси парданыкына окшогон кара баркыт көйнөктү эле кийбесе. Аны да былтыр кинотасмаларынын бирөө Чолпон-Атада өткөн эл аралык Борбордук Азия кинофестивалында байгелүү орунга ээ болгондо сыйлык тапшыруу аземине кийип баруу үчүн сатып алган. Ошондон бери бул көйнөк илинген бойдон ушул жерде турат. Калган кийимдерин Гүлбарчын жарашабы, жарашпайбы деп ойлонуп отурбастан эле ыңгайы келе калганда сатып алган. Ага эмнегедир күрөң жана күңүрт жашыл түстөгү кийим-кече жагат.

Эми, Айганыш менен жолуккан соң ал өзүнүн сырткы келбетин анын көзү менен карады. Курбусунун айткандары туура экенин түшүнүш үчүн ага көп деле убакыт кеткен жок. Бул бозоргон, күрөң түстүү, жарашыгы жок чүпүрөк-чапыракты кийген соң ал кемпирге окшоп калчу, эми жумшагыраак айтканда, кинотасма тартыла турган беш миллион сомду ишенип берсе боло турган ишкер айымга окшошот. Бирок тал чыбыктай солкулдаган ажарлуу, жаш аялдын элесине таптакыр коошпойт.

Жаңы көйнөк сатып алганга убактысы жок, ошондуктан кара баркыттан тигилген узун көйнөгүн шкафтан алып, керебеттин үстүнө жайды да, душка түшүп, бети-башын бойоого киришти. Бүгүн ал көздөрүнүн көгүш түсүн баса белгилеп, көк бойок менен бойоду, узун кирпиктерин туш менен ого бетер узартып, аппак жүзүнө бир аз упа сүйкөдү.

Гүлбарчын бул жумуштун аягына чыгып калганда эшиктин коңгуроосу кагылды. Ал терезеден баш багып, үйүнүн тушунда токтоп турган кара "Мерседести" көрдү. Саат беш жарым болгон, Айганыш жарым саатка эртерээк келиптир.

Дагы эле халатчан жүргөн Гүлбарчын сырткы эшикти ачты.

- Салам! - деди ал босогодо турган курбусун көрүп.

- Мен бир аз эртерээк келдим, - деген Айганыш аны бетинен чоп эттирип өөп койду. Колунда "Вефа" деген жазуусу бар үч чоң пакет. - Сен үчүн өзүм билип бир нече кийим сатып алганыма ачууланбайт деле болушуң керек, ээ? Бул жолу Болот мени тез эле бошотту.

- Жакшынакай болуп алыптырсың, - деди Гүлбарчын, анан курбусунун артынан эшикти жапты.

- Чын элеби? - деп көздөрү жалжылдай түшкөн Айганыш кире бериште турган чоң күзгүдөн өзүн каранды.

Ал ар кандай түстө кубулган, чоң төшүнө чапташып, ичке бели менен эттүү сандарын баса белгилеген, асынмалары жок, жарашыктуу көйнөк кийип алыптыр. Эки капталында тилиги бар этеги тизелерине бир элидей жетпей калат. Буттарында денесине түспөлдөш жука чулки жана бийик такалуу туфли. Анын жалтылдаган кара чачтары жарашыктуу жаткырылган.

- А тиги көчөдө турган кимдин машинеси? - деп кызыга сурады Гүлбарчын. - Баса, ал жерде көпкө токтогонго болбойт.

- Ал Болоттун машинелеринин бири. Өзү "Тойота" минип жүрөт. Кабатыр болбо, шопур кайда токтошту билет.

- Бирдеме ичесиңби? - деп сурады Гүлбарчын.

- Бир ууртам шампан болсо ичет элем.

- Ошентериңди билип, эмеле муздаткычка бир бөтөлкө сала койдум эле, - деди Гүлбарчын. - Жүрү, ашканага! Ошол жактан ичебиз.

- Уктоочу бөлмөңдөн эле ичпейлиби? - деди кылыктана жылмайган Айганыш.

- Мага кызыгып жүргөнүңдү билген эмес элем! - деп тамашалаган Гүлбарчын бөтөлкөнүн оозундагы тыгынын ачты.

- Мен сага сюрприз ала келгем! - деди Айганыш.

- Андай болсо, мейли! - деп Гүлбарчын курбусунун сунушун кабыл алды. Бөтөлкө менен эки бокалды көтөрүп, башын ийкеп, курбусуна "артымдан бас" дегендей ишарат кылып, ашканадан чыкты.

- Бул жериң аябай жайлуу экен, - деп Айганыш бөлмөгө киргенде эки жагын каранды. - Сага мүнөздүү стилде жасалыптыр.

- Ал кандай стиль болду экен? - деп сураган Гүлбарчын колундагыларды тегерек үстөлдүн үстүнө койду.

- Ашыкча эч нерсеси жок, накта ишкер стилде, - деп жооп берди Айганыш пакеттерди кара баркыт көйнөктүн жанына коюп жатып.

- Муну театрга кийип барайын деген эмес белең? - деп сурады ал үрөйү учкан түр менен.

- Желмогуздай көйнөк бекен? - деп сурады Гүлбарчын чекесин тырыштырып.

- Сенин ак жүзүңө өңү туура эле келмек, - деп сөзүн жымсалдамыш болду Айганыш. - Андан көрө мобуну кийип көрчү!

Ал пакеттен "Валентине" деген эмблемасы бар, ак кагазга оролгон кара көйнөктү алып чыгып, курбусунун денесине такады.

- Өлчөмүңдөн жаңылбасам керек эле.

Гүлбарчын курбусунан уялбай эле халатын чечип жиберди да, көйнөктү кийди. Эмнеге уялмак эле, мындан да жылаңач бойдон далай жолу көрбөдү беле. Көйнөк аябай жакшынакай экен, жибек кездемеден жарашыктуу бычылып тигилген, оң ийнинде гана жалгыз асынмасы бар, төшү ачык жана тизеден ылдый көйкөлгөн узун этектүү.

- Укмуш кооз экен! - деди Гүлбарчын. - Сага канча беришим керек?

- Бул менден белек! - деди Айганыш. - Чеч. Мен сага дагы бир нерсе алып койгом. - деп ал "Омей" деген жазуусу бар пакетти ачып, ичинен тордолгон ич кийимдерди алып чыкты.

- Размериң 36 да, туурабы? - деп алдын ала сурап да алды.

Тордолгон ич көйнөктүн кездемеси абдан жука, этегинин төрт жерине жибек тартмалар тигилген экен.

Гүлбарчын мындайды өмүрүндө кийип көргөн эмес, ошондуктан оозун ачып, жалдырап туруп калды.

- Оозуңду жаап, кийип көр, - деди Айганыш. - Эркектердин мындай нерселерден мээлери айланып калат.

- Кантип мээси айланбай койсун, - деп макул болду Гүлбарчын. - Өзүңчү, ушундайларды киесиңби?

- Кийбей анан! Бол бачым кие кал, убакыт тар! - деди курбусу.

Гүлбарчын көйнөктү чечип, ич көйнөктү кийди да, Айганышка бүчүлөтүш үчүн далысын салып керебетке отура калды.

- Мен сага чулки да сатып алдым, - деп кабарлады эптүү манжалары менен ич кийимди бүчүлөп жаткан курбусу. - Кара, жупжука жибектен.

- Чулкини өмүрүмдө бир эле жолу кийгем, - деп улутунуп койду Гүлбарчын. - Жээнимдин үйлөнүү тоюна, ак чулки болчу. Анда мен он алтыда элем, колуктунун курбусу болгом.

Убакыттын учкан куштай зымырап тез эле өтүп кетерин ойлоп, үшкүрдү.

- Мага чулки кийген аябай жагат, - деди Айганыш. - Колготки кийгенди жаман көрөм. Кийип көрсөң чулки ага караганда алда канча сексуалдуу көрүнөрүн өзүң түшүнөсүң.

Сөзүн тастыктап ал ордунан туруп, этегин санына чейин көтөрдү. Гүлбарчын анын чулкиси буттарына кошумча көрк берип, каралжын терисин баса белгилеген ак тартмаларга кыстарылганын көрдү. Курбусунун турса кийбегени да Гүлбарчындын көз жаздымында калган жок. Жапайы жаныбардын түгүндөй болуп чатындагы үксөйгөн кара жүндөрү көрүндү. Гүлбарчын дүүлүгүп баратканын сезди.

- Болуптур, эмесе, мен сенден үлгү алып, буларды кийип алайын, - деди да, целлофан баштыктан чулкини алды.

Аларды кийиштин өзү эле ага ырахат тартуулады. Жука кездемеге капталган буттары узун жана сымбаттуу боло түштү. Айганыш экөөлөп аларды тартмаларга кыпчыткандан кийин соңуркап карап туруп калышты.

- Эң сонун! - деп жиберген курбусу аны сынай карады. - Мына мобу жеринен дагы бир аз тартып койсок, эч бир кынтыксыз болуп калат. - Ал бырышкан жерин арыдан-бери эптегей колдору менен түздөй салып, ыраазы боло айтты:

- Өзүңдү күзгүдөн карасаң! Карачы, сандарың кара кездемеге салыштырмалуу абдан назик жана апакай болуп калды. Ал эми төшүң ич көйнөктүн астында тирсийип, көргөн эркектин шилекейин агызгыдай болду. Тим эле кармалап алып, эзгилеп жибергиң келет!

Гүлбарчын өзүн күзгүдөн карап алып, чын эле абдан сексуалдуу болуп калганына ынанды.

- Эми мына муну кийип көр! - деген Айганыш үчүнчү пакеттен такалары өтө эле бийик кара туфлилерди алып чыкты.

Гүлбарчын аларды кийери менен башы бир аз айланып кеткенин сезди. Такалар анын боюн бир нече сантиметрге узартып, көчүгү менен балтырларын ого бетер келишимдүү кылып койду.

Өзүн күзгүдөн караганда Гүлбарчын ага эмне үчүн ыңгайсыз болуп жатканын түшүндү: мындай кийимчен ал кымбат сойкуга, жеңил ойлуу шайкелең аялга окшошуп калган. Ал өзүн мындай кийимчен эч качан көргөн эмес. Бирок таң калыштуусу өзүнүн жибекке, атлас менен торго оролгон тулку боюн күзгүдөн көргөндө кубанычы койнуна батпай так секирип, кол чапкысы келди. Бул майда-барат буюмдар - тартмалар, корсет, жука торлор, өзгөчө эмчек кап - жүрөгүн бир башкача толкундатып, делебесин козгоп жиберди. Алар Гүлбарчын мындан ары денесин эсинен чыгарбай, жаш жана назик аял экенин көңүлүнө түйүп жүрүшүн баса белгилеп, оюнда ар кандай фантазияларды жаратты.

Айганышка окшоп сырткы келбети менен эркекти өзүнө тартуу анын оюна да келген эмес. Ал кийимдерин чечкенде эле тиги жанында жаткан неме дароо дүүлүгүп чыкчудай сезилчү. Жылаңач денесин көрсөтүп, чечингенге чейин эле аны козутуп, кызыктыруу керек экенин билгенде таң калганынан оозун ачып калды. Анын үстүнө, кооз ич кийим анын маанайына таасир этип, өзүн ишенимдүү сездирип, эркектерден да кем эмес делебесин козгойт тура.

- А турсачы, сатып келдиң беле? - деп сурады ал. - Же мага анын кереги жокпу?

Пакеттерин аңтарып жатып Айганыш ич көйнөккө түспөлдөш эки тордолгон кара турса алып чыгып, курбусуна сунду.

Гүлбарчын бирөөнү кие калып, чатына тыкыс жармашкан жумшак кездемени сезип, аргасыз жылмайып алды. Денесин майда калтырак басып, түндөгү окуяны эсине салды.

- А сен эмне, такыр эле турса кийбейсиңби? - деп сурады ал курбусунан, денеси чымырап кеткенин байкабай калгандыр деп үмүттөндү.

- Кээде гана. Болоттун оюна койсом такыр эле жылаңач жүр дечүдөй. Майда-барат үчүн эле аны менен акыйлашып отурбайм да, туурабы? - деп жооп берип, Айганыш каткырып күлдү.

Гүлбарчын бокалдарга шампан куюп:

- Менин жаңы сексуалдуу кебетем үчүн! Мен өзүмдү кайра туулгандай сезип жатам, - деп тост айтты.

- Аябай татынакай болуп калдың. Мындай ажарлуу болгонуңду биринчи жолу көрүп жатам, - деди Айганыш.

- Бул сенин аракетиңдин үзүрү, - деди Гүлбарчын күзгүдөн көзүн албай. - Мүмкүн акчасын аларсың?

- Белек деп айтпадымбы!

- Мындан ары айрылышпасак жакшы болот эле! - деди Гүлбарчын.

- Бул тилегиңе кошулам, - деди курбусу. - Уксаң, Гуля, мен телевидениеде бир да жолу болгон эмесмин. Сен мага студияңды көрсөтө аласыңбы? Белгилүү сериалдар кантип тартыларын көрөйүн дегем.

- Аны уюштурса болот, - деп жооп берди Гүлбарчын. - Бирок бир шарт менен: эгер турса кийсең.

Алар жылмайып, бокалдарын кагыштырып, ичип жиберишти.

- Шашылбасак болбойт, - деди саатын карап, тынчсызданган Айганыш. - Экөөбүз узун сөзгө кирип кеттик окшойт.

Гүлбарчын бокалын үстөлгө коюп, кара көйнөктү кийип, далысындагы сыдырмасын Айганышка сыдыртты. Анан чачы-башын түздөмүш болуп, күзгүгө каранып, өзүнө ыраазы боло жылмайып койду. Өмүрүндө бир да жолу ал азыркыдай сулуу болгон эмес. Таң калыштуусу, жаңы кебетеси анын сезимдерин да өзгөртүп таштаган.

Ал көйнөгүнө төп келе турган күмүш түстүү сумкасын көтөрөйүн деп чечти. Оозу ачылган чала бөксө бөтөлкөнү муздаткычка салып, кайтаруу сигнализациясын жандырды да, курбусун алдыга койо берип, үйдөн чыгып, сырткы эшикти кулпулады. Аларды көрө койгон шопур жигит машинеден чыгып, чуркап айланып өттү да, жалпаңдап арткы эшикти ача калды.

Курбулар кенен салондун булгаары капталган жумшак орундуктарына жайланышып отурушту.

Шопур отурган жакты бөлүп туруучу айнек тосмо ачылып турган, ошондуктан Гүлбарчын Айганышка вибратор жөнүндө сөз баштоодон айбыкты. Анткен менен бул жагдай анын көтөрүңкү маанайын бузган жок.

- Мени тааныштырганы жаткан эркек кандай неме деги? - деп сурады.

Ал муну бир чети кызыгып сурады, анын үстүнө аласын кыскан тар турсасы менен ич көйнөгү да буга кошумча болуп жаткан.

- Ал Болоттун иш боюнча өнөгү, оштук болот, - деп жооп берди Айганыш.

- Аны сен көрдүң беле?

- Жок. Бирок Болоттун айтышына караганда ал абдан эле сүйкүмдүү имиш.

- А кокус маймылдан айырмасы жок неме болуп калсачы?

- Эми бир аз чыдай тур, садага! Аз калды. Буйруса өз көзүбүз менен көрөбүз.

Машине "Хаят" мейманканасынан жай бурулуп, опера балет театрынын астына жакындаганда саат алтыдан он беш мүнөт өткөн. Машинени жолдун четине токтоткон шопур арткы эшикти ачты. Гүлбарчын театр тараптан аларды көздөй келе жаткан узун бойлуу, буурул чачтуу кишини көрдү. Ал жарашыктуу кара кемсел кийип, кара көпөлөк галстук тагынып алыптыр. Кой көздөрү күлүмсүрөгөн жүзүнө жылуулук жана ажар тартуулап, эски америкалык кинолордогу актерлорду элестетип кетти.

- Жаным менин, ушундай дайыма так жүргөнүң жагат да, - деп Айганышты бетинен өптү.

- Таанышып ал, Болот. Бул менин жан курбум Гүлбарчын! - деди Айганыш.

- Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын, - деген Болот Гүлбарчындын көздөрүнө тигиле карап, колунан өптү. - Айганыш мага сиз жөнүндө көп эле айтчу, бирок мынчалык сулуу экениңизди айткан эмес!

- Сизди тарттырып жибербейин деп корккон го, - деп Гүлбарчын тамашалап күлүп жатканда Болот аны бир башкача көз менен карап койду.

Көзү менен эле чечиндирип таштагандай болду. Гүлбарчынды далай эле эркек жалдырап караган учурлар болгон, бирок мынчалык шилекейин чуурута караган жан болгон эмес. Тиги көздөрүн жалжылдатып, баштан-аяк сыдыра караган сайын көйнөгүнүн астындагы шумдук ич кийимин көрүп койчудай сезилди Гүлбарчынга.

- Мен сизди Медер деген досум менен тааныштырайын дедим эле, - деди Гүлбарчындын колун аяр кармаган Болот. - Ал бизди күтүп жатат.

Алар фойеге кирип, лөкүйгөн чоң кара тору кишинин жанына басып келишти. Анын коңкойгон мурду менен эрктүү ээги далдайган мүчөсүнө дал келип, кичинекей жандуу көздөрү жана кыска кыркылган күрөң чачы аны бир топ жаш көрсөтөт. Ал кара кемселчен, мойнунда кызыл көпөлөк.

- Гүлбарчын, Айганыш, а бул болсо менин эң жакын досум Медер.

- Ажарлуу айымдар, сиздер менен таанышканыма чексиз ыраазымын, - деп жоон үндүү оштук алп жылмайганда шурудай тизилген аппак тиштери көрүндү.

Ал Гүлбарчындын колун кысып, залга өткөрдү. Алар отурган лоджияга улам шампан менен жеңил тамак-аш алып келип жатышты, оюн аягына чыгып баратканда музыка менен ичимдиктен Гүлбарчындын башы айланып, же жанында отурган Медердин деминенби, же тар ич кийимденби, айтор бир башкача сезимдерге курчалды. Оюндун башкы каармандарынын бири, тармал чачтуу сулуу бийкеч созолоно ырдап, сахнанын аркы башынан бери жакта турган секичеге буттарынын учу менен чуркап келип, жардан боюн таштаганда Гүлбарчын эмне болуп жатканын өзү да жакшы түшүнө албай эс-мас болуп отурган. Акыркы эки күндөн бери экинчи жолу ушундай абалга кабылышы.

Болот "Ак-Кеме" мейманканысынын ресторанынан бир үстөл заказ кылып койгон экен. Кара "Мерске" түшкөн төртөө көз-ачып жумганча ал жакка жетип барышты. Түнкү Бишкектин катар-катар тизилген шамдары жаркыраган көчөсү менен зуулдап баратып, Гүлбарчын өзүнчө делөөрүп, кан тамырын аралап кан эмей эле, бир буркан-шаркан түшкөн дарыя төгүлүп-ташып агып бараткандай туюлду.

- Демек, сиз телевидениеде иштейт экенсиз да, - деди Медер, алар официантка заказ кылып бүткөн соң.

Анын үнү бир аз апкаарып чыккандай угулду, анысын Гүлбарчын баймаксан болуп койду.

- Ооба, дал ошондой. А өзүңүз кайда иштейсиз?

- Пахта менен соода кылам. Оштон көбүнчө же пахта же жер-жемиш алып келип, соода кылышат эмеспи. Кээ бир тапандар айткандай, экөөнүн ортосунда айырма деле жок.

Ал дагы бир жолу күрүчтөй тизилген тиштерин көрсөтө жылмайып койду.

- Сизге Бишкек жагабы?

- Абдан жагат! Өзгөчө бүгүнкүдөй ажайып кечте кашыңда чырайлуу бийкечтер отурганда жакпай анан. Бизде Ошто маданият жагы бир аз аксап турат. Акча көп, маданият аз. Мага негизи эле Чүй жагат, жашылча-жемиш эми Ошто деле төгүлүп жатат дечи, бирок Сары-Өзөн Чүйдүкү башкача да. Анын үстүнө мыкты шараптан ичип, келишкен айымды кучагыңа кысып бийлегенге эмне жетсин. - деп ал Гүлбарчынды сырдуу карап койду.

- Ооба, байкуш досум Ошто коон-дарбыздан башка эч нерсе жебей, Чүйгө келген сайын чүйгүн тамактарды эңсеп калат, - деди Болот тамаша-чыны аралаш.

Отургандар жапырт күлүп калышты.

Бул бир караганда олдоксон, орой көрүнгөн оштук жигит барган сайын Гүлбарчынга жага баштады. Маңдайындагы күлүмсүрөгөн сайын ичти элжиреткен, шамалга туурулган жүзүнөн улам катаал сезилген оштуктун жөнөкөй адам эмес экенин Гүлбарчын ичтен туюп турду. Анын алп кучагында тырпырап жатканын элестетер замат отурган ордунда ары-бери ойдолоп алат. "Манжалары тартайган карылуу колдору менен денемди сыйпалап, үстүмө чыгып оордугун сала жатса эмне болор экем?" деп ойлогондо жүрөгү сыгыла түшөт. "Сөөктөрүм быркырап сынып, оо дүйнөгө аттанбасам эле болду. Же, текскерисинче, өзүнө окшоп аспабы да көлөмдүү болсо, бейиштин төрүнө барып калармын..." Иши кылып эле бул жолу да мурдагыдай болуп эркектерден көңүлү калып, эртең өкүнүп, өксүп ыйлабаса экен. Өмүрүндө мындай лөкүйгөн эркектин жанында отурган эмес, башына мындай адепсиз ойлор келген эмес.

Терезеден өйдө-ылдый зуулдаган көчө кыймылын карап, ресторанда тамактанып отурганда улам ушундай бир ой келе калып, Гүлбарчын бир башкача сезимдерге капталат. Денесине чапташкан ич көйнөгү менен тартамалары санын кыскан чулкилерге дагы эле көнө албай, улам оңдонуп отурат. Кыбыр эткен сайын бүт денеси ток тарткансып, зырп-зырп эте түшүп, аргасыздан улутунуп, өзүн тынчтандырууга аракет кылды. Ансайын аласы эки эли болгон тар турсасы жан жерин алжайта ачып, кын тилин баскылайт. Медерди караганда өзүн театрга, анан ресторанга жарым жылаңач келген аягы суюк сойку кыздай сезип кетип жатты. Бир убакта турсасы чылпылдап суу болду.

Алар куурулган форель менен кымбат шарап ичип отурушту. Медерди эңсеп, алеп-желеп болгон ойлордон алаксыйын деп жан-жагын каранса эле, көзүн жалдыратып тиктеген Болот көздөрүнө урунат.

Ал деле сүйкүмдүү эркек экен, бирок Медерден айырмаланып, өзүнүн байлыгы менен бийлигине чиренет. Көз карашында жогорку катмардагы адамдарга мүнөздүү менменсинүү, ишенимдүүлүк байкалат. Мындай адамдарга "жок" деп айтуу да кыйын.

Айганыш анын Гүлбарчынды кызыга жалдырап караганын байкамаксан болуп, кабагым-кашым дебей жаркылдап-жайнап отурду. Улам ойношунун колдорун кысып, көздөрүнө тигилип мээримдүү жылмайып койот. Эркектер менен далай кечелерде чогуу болгон Гүлбарчын Айганыштын кебетесине карап туруп, анын оюндагысын билүү мүмкүн эмес экенин жакшы билет. Кээ бирөөнү көрөйүн деген көзү жок болсо да, эч сыр бербей жылмайып отура бермей адаты бар. Мүмкүн дал ушул сапаты аны каалаган нерсесине жетишине шарт түзгөндүр. Студент кезинен эле турмушта акчанын ролу абдан маанилүү экенин билип, ал ушул актерлук талантын өнүктүргөн. Качан көрсөң капчыгы калың жигиттер аны айланчыктап, көзүнүн кареги менен тең айланып жүргөнү жүргөн эле.

Мына азыр да ал көнгөн адатын таштабай, келишкен мүчөсү жана ажарлуу чырайы менен эч нерседен кем болбой, жыргап-куунап бардар жашап жатпайбы.

Кечки тамак менен Гүлбарчын ак суу жана ак шарап ичип, башын айланткан шампандан бир аз болсо да соолуга түштү. Акыры буркураган кофе менен таттуу пирогдор желип бүткөн соң, Болот Айганышка кайрылып:

- Коньякты үйдөн ичет окшойбуз, ээ, эркем? - деп сурады, анан Гүлбарчынды суроолуу тиктеп: - Же түнкү клубга баралыбы? - деди.

- Бүгүн эмес, - деп Айганыш үстөлдүн астынан анын тизесин сылагылады.

Экөө шыбырашып, күлүп калышты.

- Мен дагы үйгө барсам окшойт, - деп жибергени менен Гүлбарчын чынында анткиси келбей турганын жакшы билет.

- Биз менен эле барбайсыңбы? - деп сурады Айганыш, анан көзүн кысып: - Жүр эми, чогуу эле көңүл ачалы, - деди.

- Чын эле, - деди Болот. - Саат араң эле он болду, түн бакырдыкы дегендей. Кам санабаңыз, шопур каалаган учурда үйүңүзгө жеткирип койот.

Ал эсеп алып кел деп официантка ишарат кылды.

Алар сыртка чыгары менен "Мерсти" ресторандын оозуна жаңы эле айдап келген шопур арткы эшиктерди ача койду. Медер Гүлбарчынды колдон алып, машинеге отурууга жардамдашты.

- Кандай керемет кеч! - деди ал Болотту карап, ал учурда машине ордунан козголуп, Манас көчөсүнө түшүп жай жылып жөнөдү. - Мыкты ресторандарды аябай жакшы көрөм. Кээ бирлеринде гана ушинтип жыргап отуруп, тамактанганга болот.

- Экөөңөр качантан бери таанышсыңар? - деп сурады Гүлбарчын.

- Медер экөөбүз соода жаатында жүрүп таанышып калганбыз, - деп жооп берди Болот. - Пахта өндүрүү жана экспорттоо боюнча да чогуу иш алып барып, тил табышып кеттик. Анан жакындан бери Хайдеркенден көмүр каздырып, аны да экспорттоп жатабыз. Электр энергиясы кымбаттагандан бери карапайым калк да отун-сууга муктаж болуп калбадыбы?

- Отун-суу мага да керек болуп турат, - деди Айганыш.

- Өзүңдү карма, жаным! - деп тамашалады Болот.

- А эгер карманбасам эмне болот?

- Жазаланасың! - деп Болот сөөмөйүн кезеп жооп берди.

- Жаза тартууга даяр болуп калдым окшойт! - деген Айганыш анын шымынын сыдырмасын сыдырып колун сойлотту.

Башта мындай адепсиз тамашалашууну уккан Гүлбарчындын төбө чачы тик турмак. Бирок азыр эки бети албырып гана тим болду. Дагы жакшы машиненин ичи караңгы болчу, анысын эч ким байкаган жок.



3-бөлүм

"Мерседес" Айганыштын үйүнүн жанына келип жай токтоду. Айганыш эшикти ачып, чарылдаган сигнализацияны өчүрүп, конокторун үйгө чакырды. Үйгө кирип бараткан Гүлбарчын шопур артка чалкалап, башындагы шапкесин көзүнө түшүрө чырм этүүгө камынганын байкады. Сыягы, кожоюнунун бул үйдө көпкө кармаларын жакшы билет окшойт.

Кожейке конокторун экинчи кабатка ээрчитип чыкты. Конок үйдүн бир дубалына түркүн сүрөттөр илинген, бир бурчта буфет, муздаткыч жана ар түрдүү бөтөлкөлөр жайнаган чакан бар турат. Айганыш буфеттин текчесинен төрт бокал жана муздаткычтагы шампанды алды.

Бөлмөнүн чок ортосунда эки жапыз диван жана калың айнектен жасалган чакан үстөл бар. Айганыш анын үстүнө бөтөлкө менен бокалдарды коюп, Гүлбарчынга эңкейип:

- Эгер калам десең, керектүү нерселерди биринчи кабаттагы үстөлдүн эң ылдыйкы тартмасынан табасың, - деп шыбырады.

- Эмнени айтып жатасың? - деп таң кала сурады Гүлбарчын.

- Акырын! - деген Айганыш сөөмөйүн эриндерине тийгизип, кыткылыктап күлүп койду. - Алтыным, бөтөлкөнү аччы! - деди ал Болотко кайрылып.

Болот шампанды ачып, көбүргөн ичимдикти бокалдарга куюштурду. Айганыш ага жанаша отурду. Гүлбарчын алардын каршысындагы дивандан орун алды. Медер ага бокалды сунуп:

- Айымдардын денсоолугу үчүн алып иели! - деди.

Баары шампанды шыпкап ичип жиберишти, Медер тамшанып алып:

- Мыкты шампан экен! Сиздин табитиңизге таң бердим, Айганыш! - деп мактап калды.

- Ошондой эле болуш керек, - деген Айганыш Болотко далысын тосуп: - Жаным, сыдырмамды чечип койчу! - деп кылыктана шыбырады.

Тигиниси анын айтканын дароо орундатты.

"Тырс" эткен дабыш чыкканда Гүлбарчындын денеси жыйрыла түштү.

Айганыш ордунан тура калды эле, көйнөгү килемдин үстүнө жайылып жатып калды. Отургандардын баары ак атлас ич кийимчен Айганышты жалдырап карап калышты. Сымбаттуу буттары жарашыктуу ак чулки менен тартмаларга кысылган, тирсийген эмчектери эмчек кабын тиреп, аласынан карарып көрүнгөн түктөрү ак ич көйнөктүн кыска этегинен тигилерди шыкаалап, эликтеп карагансыйт.

Медер көзүн чакчайтып, таң калганынан оозун ачып отурат.

Гүлбарчын да курбусунан көзүн албайт.

- Досум, кандай экен? Тим эле суудан чыга калган пери, ээ? - деди Болот ооздорун ачкан берки экөөнү карап.

- Ооба, - деп өзүнө келе түшкөн Медер оозуна толгон шилекейин жутту.

Айганыш сандарын сылап, курбусун карады да:

- Болот ушундай сюрприздерди конокторго көрсөтүп, алардын кандай кабыл алганын карап отурганды жакшы көрөт. Өзү да жыргайт.

Чын эле Болоттун көздөрү жалжылдап, таноолору дердейип кетиптир. Шымынын сыдырма тушу өйдө көтөрүлүп калган. Ал Айганышты колунан тартып диванга отургузду да, эриндеринен өпкүлөп, эмчектерин кармалай баштады. Айганыш артка чалкалап, колдорун ойношунун мойнуна ороду. Эки саны ачыла түшкөндө аласындагы кызгылт кын тили даана көрүндү. Болот эмчек капты ылдый тартып, тирсийип чыга калган үрптү бир карап алды да, жанталашып соруп кирди.

Медер мунун баарын көзүн ирмебей карап отурат.

Болот эмчектерди өпкүлөгөн сайын балмуздак жеп жаткансып, тамшанып, жаланып койот. Бир маалда ал тизелеп отура калып, Айганыштын сандарын ачып, жан жерине сүлүк курттай жабышты.

Айганыш акырын онтоп жиберди.

- Сиз булардын кылганын кайталагыңыз келген жокпу? - деп Медер Гүлбарчындан шыбырап сурады.

Апкаарый түшкөн Гүлбарчын эмне дээрин билбей тилин жутуп алгансып, унчукпай туруп калды. Айрым кечелерде эле жашырынып алып көрүп калчу порнофильмдерди эсепке албаганда ал мындай уят-сыйытсыз, элди каратып коюп кумарга батышты биринчи көрүшү. Жүрөгү опкоолжуп, толкунданганына карабастан, Медерге "жок" деп жооп берем деп ойлоду. Бирок Медер ага мындай мүмкүнчүлүк берген жок, ай-буйга келбей эле, белинен кармап, дивандан тургузду.

- Коноктор жатчу бөлмө кайда экенин билесизби? Жүрүңүз, буларга жолтоо болбой ошо жакка баралы, - деди.

Гүлбарчындын денеси муздап, селейип катып калды. "Ооба" же "жок" деп айта турган чечүүчү көз ирмем келгенин туйду. Бу жигит маанисиз сөздөргө убакыт короткусу келбей турат го, жаштайынан мал менен чоңойгон оштуктар буканы мүйүздөн, атты тизгинден алганга көнүп калышкан эмеспи. Төшөк маселесине капталдан тике качырып кириш Гүлбарчын үчүн жатыраак эле. Буга чейинки эркектердин баары аны төшөккө тартардан мурда жагалданып, калп болсо да ширин сөздөрдү айтып, мээсин айландырууга аракет кылышчу.

- Шайтан алгырдыкы десе! - деп күңгүрөнгөн Айганыш бир бутун Болоттун ийинине арта салды. Туфлисинин такасы менен аны далыга койгулап, ар бир кыймылын тескеп туруш үчүн ошентти окшойт. Болоттун албырган тили көөп чыккан тилдин айланасында жылтырайт. Муну көзү чалган Гүлбарчындын аласы сайгылаша түштү.

- Жүр! - деп ал Медерди колдон тартып, тепкич жакка басты.

Бөлмөгө кирип, түнкү чыракты жагып, эки жагын каранды.

Коноктор уктоочу бөлмөгө кочкул кызыл түстөгү буюм-тайымдар коюлуп, терезедеги пардалар гана кочкул көк түстө экен. Эки кишилик керебеттин баш жагындагы кызыл дарактан жасалган шкафтардын үстүндө түнкү шамдар турат. Дубалдагы обойлордо "Камасутрадан" алынганбы, айтор ар кандай позада кылышып жаткан эркектер менен аялдардын сүрөттөрү тартылыптыр.

Медер Гүлбарчындын артынан дабыш чыгарбай уурданып басып келди да, артынан кучактап, колдору менен эмчектерин мыжыгып, мойнунан өпкүлөдү.

- Ушул учурду кечке күттүм! - деп шыбыраган Медердин ысык деми терисин өрттөп жиберчүдөй сезилди.

Гүлбарчындын денеси дүркүрөп, дүүлүгүп чыкты. Айганыш менен Болот аларды карап турган беркилер да дүүлүгүп кетип, конок үйдөн эле полго жата калышар деген ой менен экөөнүн көзүнчө атайын эле уятсыз жосунду баштаган эмес беле деген ой элес-булас келе түштү. Мүмкүн ойношунун көңүлүн кантип алышты билген Айганыш мурда да бул жоругун далай коноктун көзүнчө жасап жүргөндүр. Эки күн мурун эле мындай нерсеге итатайы тутулчу Гүлбарчын азыр "конок үйдө эле кала бербей" деп ичинен өкүнүп да турган.

- Сен бир керемет жан экенсиң! - деп шыбыраган Медер аны өзүнө каратып, оозунан өптү.

Көрсө ал семиз эмес, булчуңдуу экен. Гүлбарчын артка чалкалап, анын ысык кучагында эрип, магдырап баратты.

Курсагынын ылдый жагына катуу бир нерсе тиреле түштү. Көздөрү тумандай түшкөн Гүлбарчын кызматчылары менен актерлорго буйрук берип жүрүп көнүп калган өктөм үнү менен:

- Керебетке отур! - деди.

Медер артка тайсалдап барып, керебеттин кырына отуруп калды.

Гүлбарчын артын карап, тизелеп отурду да, көйнөктүн сыдырмасын сыдыр деп буйруду. Медер анын айтканын аткарар замат, ордунан туруп, бери бурулганда көйнөк полго кулады. Гүлбарчын жарым жылаңач бойдон Медерди тике карап, уялбай турду.

- Ах чиркин! Кандай сулуусуң, жаным! - деп Медер аны баштан-аяк сыдыра карады. - Мындайды көрө элек элем.

Анын алигиси зыңкыйып кооп калганын байкаган Гүлбарчындын жүрөгү туйлап, жан жери сайгылашып кетти. Эмчегинин үрптөрү майда гүлдүн чанагына окшоп, албырып, катуу боло түшүптүр. Өмүрүндө биринчи жолу ал эркектин алдында ушундай кебетеси менен турду жана өзүн шайкелең сойкулардай жеңил-желпи сезип жатты. Башта ал эркектерди сырткы келбети менен эмес, ички дүйнөсү менен багындырам деп ойлочу. Бозоргон күңүрт көйнөктөрдү сатып алганы да ошондон улам эле. Бирок ал жаңылышкан экен. Аны менен кумарга батам деген эркектин шилекейин чуурутуп, сулуулугуна суктана караганын көрчү эмес тура. Медерди анын кандай китептерди окуганы, кайсы белгилүү режиссерлордун кинотасмаларын жакшы көрөрү кызыктырбайт. Ага Гүлбарчындын узун буттары жана алардын ортосундагы алакандай жери гана кызык. Өзгөчө ушу тапта андан башка эч нерсени билгиси да, уккусу да келбей турган чагы.

- Кандай керемет! - деп ал акыры шилекейин жутуп алды.

- Бул кереметтин даамын таткың келеби? - деп сураган Гүлбарчын, чын эле ушу суроону берген менби же башка бирөөбү деп өзүнө таң калып жатты.

Медердин жообун күтүп отурбай эле ага жакын келип, буттарын талтайтты. Медер унчукпай андан аркы кыймыл-аракетти күтүп калды. Гүлбарчын анын тизесине отуруп, төшүн тосту. Медер анын кош алмасын өпкүлөп, үрптөрүн соргон сайын, ал болуп көрбөгөндөй ырахатка балкыды.

Анан Гүлбарчын Медерди чалкасынан жаткырып, өзү болсо тизелеп анын баш жагына келди. Медер анын тордолгон турса менен капталган жан жерин карап алды. Гүлбарчын аласын анын оозуна туштап, ылдый отурду. Сууланышкан тор кездеме аласын жапкан эмес. Медер анын сандарын колдору менен кысып, жан жерин жалап алып, тилинин учу кын тилин укалай баштады.

Гүлбарчын онтоп жиберип, башын чулгуп, оор дем алды. Медер жан тилди ылдам жалаган сайын аны өрт каптагансып баратты.

- Азаматсың, ушул ыргагыңдан жазба, - деп Медерди мактаган Гүлбарчын анын керебеттин жарымынан көбүн ээлеп дардайып жаткан денесине көз чаптырды. Анан кара тор ич көйнөккө чулганган өзүнүн келишимдүү тулку боюн, эмчек каптан ашып төгүлчүдөй болгон кош эмчегин карады. Кара чулкичен сандары чыңалып, аласы таптакыр эле эрип баратат.

Гүлбарчын бир эсе Медердин шамдагай тилинин ыкчам кыймылынан, бир чети ушундай көлөмдүү оштук жигитти ооздуктап алганына маашырланып, дүүлүгүп, жыргалга батты. Бул анын төшөк оюнундагы жеткен алгачкы ийгилиги болчу. Айганыш курбусу белек кылган жасалма чочок менен ич көйнөк анын денесиндеги үргүлөп жаткан уятсыз шайтанды ойготуп, сыртка чыгарып жибергендей болду. Эми чыныгы шуркуяга айланган соң, ал өзүн ошого татыктуу алып жүрүүгө, тагыраак айтканда астында жатып алып, жан жерин жан-алы калбай жалап жаткан бай оштукту каалагандай калчайм деп ойлоду. Бирок бул жолкусунда керебетте башкарганым эле жетишер деди. Медер тили менен кезектеги күтүүсүз кыймыл жасаганда:

- Сен тим эле укмуш чеберсиң го! - деп мактады Гүлбарчын.

Анын мактаганына эдиреңдей түшкөн Медер баштагыдан да шамдагай кыймылдай баштады. Али тааныш эмес оргазмдын толкундары Гүлбарчындын денесин аралап өттү. Бул ырахат тырмагынын учуна чейин жетерин ал алдын ала туюп турду. Ыйкагычтын жардамы менен алган дене жыргалы али эсинен кете элек эле. Бирок эркектин кудуретин жакшы баалабаганын эми гана түшүндү.

- Токтой көрбө! - деди Гүлбарчын каргылданган үн менен, ошол маалда ал көчүгүн катуу кыймылдатып жаткан. Анын керемет үңкүрү Медердин тилин ичине тартып алып жаткансыйт. Гүлбарчын таттуу онтоп алып, чагылган урган немедей калчылдай баштады. Денесине чапташкан ич көйнөгү дал-далынан сөгүлчүдөй болуп, өзү болсо асманга көкөлөп учуп кеткенсиди. Көптөн бери көксөгөн дене кумарына акыр аягы жеткенине ишене албай, Медердин ийиндерин таянып алып, башын чулгуй берди.

Медер анын эмне болгонун түшүнүп, бир аз дем алып жатып калды. Гүлбарчындын жан жеринен аккан шире менен өзүнүн шилекейинен бети жылтырап, кубаныч менен эңсөөдөн көздөрү жалжылдайт. Гүлбарчын көзүн жумуп, улутунуп алды да, астындагы эркек тумчугуп калат деп ойлоп да койбостон, кайра таттуу жерин анын бетине такады. Медер бышылдап, бал татыган мөмөнү тамшана жалады.

- Таттууну жакшы көрөт окшойсуң, - деп тамашалаган Гүлбарчын анын үстүнөн түштү. - Кана чыныңды айт! Көптөн бери ушундайсыңбы?

- Таттууга жакынмын, аным чын, - деп жооп берди көздөрүн жалдыраткан Медер. - Бирок сиздин эзилип бышкан курмадай болгон ширин жериңизден таттуу эч нерсе жей элек элем, - деп эрдин жаланып, алаканы менен сүрттү. - Ысып кеттим, чечинип алайынчы, - деп кошумчалаган ал ордунан ыргып тура калып, көйнөгү менен галстугун чечти. Булчуңдуу кең төшүндө коюу тармал түгү сапсаят, карылуу колдорунун кан тамырлары бөрсөйүп, чымыр денеси да булчуңдуу. Ал туфлиси менен байпагын чечип, белиндеги жоон курду чечип, шымын шыпырайын дегенде Гүлбарчын керебеттен ыргып түшүп, аласынан кармады.

- Шашып жаткан жоксуңбу? - деп сурады кылыктана.

- Сиз айткандай болсун, канышам! - деди жылмайган Медер.

Гүлбарчын сыдырманын тартмасын таап ылдый тартты. Шымдын ичинен чаар ала ич кийим көрүндү. Гүлбарчын шымды тизеге чейин түшүрүп, турсаны да ылдый шыпырды. Боштондукка чыккан ажыдаар башын чайкады. Мындай жоон жана узун котосту Гүлбарчын өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Аны алаканына кысмак тургай ушундай узун аспап болорун билген да эмес. Анын баш жагында териси кесилген кызгылт кертмеги укмуштай жылмакай экен. Чатынан кара тармал жүндөр үксөйүп, эки бутунун ортосунан салмактуу ташагы салаңдайт.

Гүлбарчындын каалоосу күч алып, денеси ымыр-чымыр боло түштү. Каккан казыктай тик турган котостун катуулугу ага абдан жакты. Ыйкагычтан айырмаланып, ал жандуу болчу жана билинер-билинбес солкулдап жаткан. Гүлбарчын аны оозуна алып, соро баштады. Тырмактарын Медердин чыңалган эттүү көчүгүнө матырып, мурду менен быш-быш этип дем алып, тамагына жеткен оозундагы огеле чоң котосту берилип соргон сайын, калтасы ээгине тийип шалпылдайт.

Медер онтоп жиберди.

Гүлбарчын олжогойду колуна кысып, башын мурдагыдан да ылдамдатып ийкегилегенде оозуна эркек мүчөсүнүн туздуу даамы келди. Башка эркектер менен далай жолу жасаган ыкмаларынын бирин колдонуп, тилин ойдолотуп, котостун эки капталын жалайын деди эле, анте албады. Оозун кулагына чейин керип ичин бүт бойдон ээлеген жоон кертмек ага мүмкүнчүлүк бербеди. Андыктан түбүнөн бекем мыкчып алып, чопулдата соргондон башка арга жок.

Аялдын башы кыймылдаган сайын чачтары да серпилип, эркекти эңсеген денеси кара чулки менен кара тор ич кийимдин астында от-жалын болуп өрттөнүп бараткансыды. Гүлбарчын сормо секстен мындай ырахат ала элек болчу.

- Жетишет, кара жан! - деп жиберген Медер бир маалда анын башын кармады. - Оозуңа бүтүп салбайын.

- Эмне, жакпай калдыбы? - деп сурады Гүлбарчын.

- Жок, жаным, бирок башкача бүткүм келип жатат.. .

Медер бир колун анын тизелеринин астына сойлотуп, экинчи колу менен ийиндеринен кучактап, кичинекей кызды көтөргөнсүп, жеңил көтөрүп алды. Анан ал эңкейип, оозуна тилин сойлотуп өптү.

Медердин көпкө берилип өпкөнүнөн Гүлбарчындын башы бир аз айлана түштү. Акыры Медер аны керебетке жаткырып:

- Бир нерсе сурансам аткарасыңбы? - деп акырын суроо берди.

- Мен баарына даярмын, - деп жооп берди Гүлбарчын. - Каалаганыңды сура!

- Өзүңдү сылап-сыйпалаганыңды көргүм келет, - деди Медер, өзү алигисин колуна кысты.

- Кызык каалоо экен, - деп күбүрөдү мындайды күтпөгөн Гүлбарчын.

Негизи, анын бул каалоосун аткарып койсо деле болот, бирок Гүлбарчын "олдоксон кыймыл-аракетим менен оюндагыдай ырахат тартуулай аламбы?" деп чочулап турат. Бул жолугушуудан экөө тең жакшы маанайда, бири-бирине таарынышпай, жагымсыз ойлордон алыс болуп тарашса экен деген гана тилеги бар болчу Гүлбарчындын. Өзүн кандырганды анча жакшы билбейт эмеспи, анын үстүнө ыйкагыч да жок.

Ошол учурда Айганыштын: "керектүүнүн баары керебеттин жанындагы шкафтын астыңкы тартмасында" деген сөздөрү эсине түшө калды. Ал эңкейип, жакын жердеги шкафка колун созуп, тартмасын ачты да, бош экенин көрүп, оор улутунуп алды. Андан кийинкисин ачып жиберип, ар кандай узундуктагы үч ыйкагыч, атайын май, жибек жоолуктар, жалтылдаган кишендер менен булгаары курларды көргөндө сүйүнүп кетти. Андан сырткары, камчы жана тоголок шарлар тизилген кыл бар экен.

Гүлбарчын кечээ түндө колдонгонуна окшош, денеге түспөлдөш жасалма чочокту алып, чалкасынан жатты.

Медер анын колундагы оюнчукту карап:

- Муну дайыма колдоносуңбу? - деп сурады.

- Ооба! - деп Гүлбарчын кебелбей туруп калп айтты.

Медер колуна кысып турган котостун башы силкинип кетти.

Убакытты текке кетирбестен Гүлбарчын турсасын чечип, буттарын талтайтты. Медер анын кызыл розадай болуп ачыла түшкөн аласын карап алып, эриндерин жалады. Аялдын денесиндеги бул аялуу жерди кароонун өзү эле ал үчүн болуп көрбөгөндөй ырахат экени байкалып турду. Өзүнүн алакандай байлыгын эркектин көзүн ирмебей жалдырап карашы Гүлбарчынга да жагымдуу болду. Ал ыйкагычтын башын тылагынын оозуна такап, анысы жыйрыла түшкөнүн жана кын тили дирилдеп кеткенин сезди. Онтоп алып, көздөрүн жумуп, "эрте эле бүтүп калбайын" деген ойдо, ыйкагычты жан жерине акырын, жай ыйкады. Улам жакындап келе жаткан оргазмдан кабар берген таттуу сезим денесин аралап өттү. Сезимтал жерлерине вибратор тийген сайын ал акыштап, онтоп жатты. Маңдайындагы оштук жигит оор дем алып Гүлбарчындын жасалма чочокту кыскан колдорунан, кара жүндөрдүн арасынан кызгылт тартып көрүнгөн аласынан көзүн албай карап турду.

Гүлбарчын көзүн ачып, Медерди карады. Өтө дүүлүгүп алган ал жөрмөлөп келип, какайган казыгын анын аласына туштап, төрт аяктап турган экен. Албыра түшкөн алигисинин баш жагында бир тамчы суюктук мөлтүрөйт.

- Ушуну көргүң келди беле? - деп сурады Гүлбарчын.

- Мунун баары эң сонун, жаным! Мен ойлогондон да укмуш экенсиң. Уланта бер! - деп каргылданып жооп берди Медер.

Эмнени айтып жатканын териштирип отурбастан, Гүлбарчын буттарын кененирээк талтайтып, өзгөчө сезимдердин кучагына бой таштоого камынды. Ыйкагычтын тийгенинен денеси бир кыйла дүүлүгүп калса да, эркектин көзүнчө өзү жалгыздагыдай болуп күчтүү оргазмга жете аламбы деп чочулап турду.

Эмнеси болсо да, ыйкагычты жандырып алганым оң болор деп топчусун басты. Дырылдап акырын иштей баштаган вибраторду кынына тыгып, онтоп алды. Ичинен ширеси чачырап, вибратор толук кирип, тылактын капталдарын жиреп барып, жатындын оозуна кептелди. Бир саамга кыны жыйрыла түшкөн Гүлбарчын акыштап ийди. Медер калтыраган колу менен анын эмчегин мыжыгып:

- Эмчектериң укмуш экен го, эркем! - деп күбүрөндү.

Олжогойун мыжыккан экинчи колу өйдө-ылдый кыймылдаган сыйын албырган баш жагы дардайып, көөп чыкты. Медер үрпүн чойгулаганда Гүлбарчын жасалма чочокту кынына болушунча терең матырып, керебетте ары-бери туйлап, акылдан адашкан немече бакыра баштады. Мынчалык күчтүү оргазм болот деп ойлогон эмес эле.

Дагы эле калчылдап жаткан Гүлбарчындын аласынан жасалма чочокту сууруп алган Медер аны ары ыргытып жиберип, үстүнө чыкты. Оштук жигиттин опсуз олжогойу кынына күч менен кирип барганда Гүлбарчындын көздөрү чанагынан чыгып кете жаздады. Мындайды ал өмүрүндө көргөн эмес. Тылагы толуп гана калбастан, чарт жарылып кетчүдөй чытырады. Эми эле вибратор дырылдап казган жеринде Медердин кертмеги силкилдеп жатты. Ал алдынан чыккан тосмолордун баарын бузуп, Гүлбарчындын ысык үңкүрүн жиреп, артынан тешип чыкчудай сезилди. Олжогойдун артынан салмактуу ташагы да кынга кирип баратат. Гүлбарчын оштуктун көчүгүн тырыштыра кармап, оор дем алып, улам-улам оргазмга жетип жатты.

Медердин олжогойу жасалма чочокко караганда алда канча чоң жана катуу экен! Анын үстүнө ал укмуштуудай ысык жана чарчоону билбеген эмгекчил турбайбы! Калчылдаган кертмек күч менен урунган сайын Гүлбарчындын көзүнөн чаар учуп жатты. Болуп көрбөгөндөй жыргалга батыш үчүн ал эч бир аракет жасаган да жок. Кыз кезинен кыялданган сыйкырдуу канзаадасы көрсө ушундай тура! Бул нерсе ал үчүн ачылыш болду. Береги сыйкырчы анын улам жаңы сезимтал катмарларын изилдеп, жаңы шумдуктарды жаратып жатты.

Бирде оргазмдын туу чокусуна чыгып, бирде башы айланган бийиктиктен ылдый кулаган Гүлбарчын дене кумарынын улам жаңы жактарын ачып жатты. Алгачкы таасирлерден араң өзүнө келген ал эмки оргазмды кандай жагдайлар коштойт болду экен деп ойлоно баштады. Ошол маалда Медер катуу итенди эле, Гүлбарчын төбөсү менен керебеттин жыгачын сүзүп, ошол замат бүттү. Анан Медер олжогойун учуна чейин тартып алды. Бул кылыгы Гүлбарчынды коркконунан селейип катып калууга аргасыз кылды. Кайрадан алдыга обдулуп калтасына чейин матырганда кын тили түп тамырынан үзүлүп кете жаздады. Гүлбарчын кайрадан ырахатка балкып, кыңкыстап жиберди. Медер аны ыкчамыраак жана мурдагыдан да күчтүүрөөк тарсылдатып койгулай баштады. Гүлбарчын керебеттин кырын тынымсыз сүзгүлөп, төбөсү менен кын тилинин ортосунда электр тогу зырпылдап жүгүрдү. Бирок бул аны коркуткан жок, кудайдан бир гана тилегени ушул жыргал токтобосо экен. Чыңырып алган ал керебетте түпкүчтөй түйүлүп, Медердин көчүгүн кабыштыра кармады да, өзү да көчүгүн өйдө-ылдый кыймылдатып иштей баштады. Алардын чаткаяктары бири-бирине тийген сайын от чагылып, чарт айрылчудай сезилди. Ошентип жатып кезектеги оргазмдын зор толкунуна бой таштады...

Гүлбарчын тырп этерге алы келбей, эч нерсени сезүүгө дарманы жок шалдырап жатып калганда, Медер өйдө тура калып, шашылбастан олжогойун ушалай баштады. Анын нымдашкан колу кертмекти кысып ары-бери чүчүтүп кирди. Анан бир убакта олжогойдун албырган башы калчылдап кетти да, Гүлбарчындын төшүнө ысык эрендик жаба берди.

"Медердин эрендиги тамчылаган жеримдин терисин күйгүзүп жиберсе анан андан калган такты көргөн сайын, ага колумду тийгизген сайын ушул укмуш түндү эстеп турсам жакшы болот эле" деп ойлоду Гүлбарчын...

4-бөлүм

Алар тамакты жеп бүтүшүп, десерттен баш тартышты жана кофе заказ кылышты - Бакыт Макешов кофеини жок эспрессо, Гүлбарчын болсо каппуччино ичмекчи болушту.

Алар отурган клубдук ресторан телевидениенин жооптуу кызматкерлеринин такай жолугушуу өткөргөн жайына айланган, ошондуктан бул жерде дайыма кооз гүлдөрдүн жыпар жыты аңкып, маанайыңды көтөрөт. Тамактардын кымбат баада болушунан уламбы, качан кирсең да киши аз. Даамдуу тамактан даам сызып, эмен сейил багынын ажайып кооз көрүнүшүнө суктанып отуруп, бардык маселелерди шашпай талкуулап алганга жакшы шарт бар.

- Кымбаттуу Гүлбарчын, кеп мен өзүмдү бул ролго ылайыксыз деп эсептегенимде болуп жатат, - деди Бакыт, алар официантты күтүп отурушканда. - Сиз сунуштап жаткан роль көрөрмандардын алдында аброюмду жогорулатат деп айта албайм.

Бакыт Макешов өзү жапалдаш бойлуу болсо да, кең далылары менен кенен төшү аны экранда баатырларга окшотуп көрсөтөр эле. Анын сүйкүмдүү жүзү далай кыргыз кыздарынын жүрөгүн жаралаган. Өзгөчө коймолжуган кой көздөрү менен назик эриндери бир көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Ал дени сак жашоо ыкмасын карманган атлет катары элге таанылганы менен, жакындан караганда алдан тайып баратканы байкалып турат. Көздөрүнүн алды салаңдап шишимик тартып, курсагы чыгып, ээгинин астында богогу салаңдай баштаган. Анын спорт менен машыгуусу айымдарды акылдан адаштырган сексулдык гиганттын элесин берип, камеранын алдында же элдин көзүнчө дене көнүгүүлөрүн жасоо менен гана чектелчү.

Гүлбарчын Бакытты бир нече жылдан бери билет жана анчалык деле жактыра бербейт. Өз убагында Бакыт аны режиссер менен болгон бир араздашуусунда ортомчу катары пайдаланган. Ал кезде Гүлбарчын КТРде студия жетекчисинин кызматын ээлеп турчу. Алардын бири-бирин айыптап, даттангандарын уга берип, далай нерви корогон, акыры өзүңөр чечишкиле деп кол шилтеп басып кетип экөөнөн араң кутулган. Ошондогу беймаал катындарча чарылдап, тиги атасындай болгон неме менен айтышып урушкандарын, аны артынан шыбап, ушак-айыңдарды таратканын өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен уккан Гүлбарчын Бакытты алигиче жаман көрөт.

Анткен менен Бакыт Макешов кыргыз киносундагы жанган жылдыздардын эң көрүнүктүүлөрүнүн бири жана Гүлбарчындын бул жагдайга баш ийбеске аргасы жок. Ал сыяктуу белгилүү жок дегенде бир киножылдыз катышпаса "Таалайы тайкылар" кинотасмасы ойдогудай киреше алып келмек эмес. Аздыр-көптүр белгилүү болуп калган эки актер анын сунушунан баш тарткан, эми Бакыт да күмөн санаган Гамлетти туурап, маңдайында ыргылжың болуп отурат. Атак-даңкка ээ болгон актерлордун ою боюнча алар аткарган каармандар кинотасманын аягында же каршылашын жеңип, же эч болбогондо курч, опурталдуу окуяга кабылышы керек экен. Бирок китептин мазмунунда да, ага карап жазылган сценарийде да эркектерге экинчи катардагы гана ролдор берилген, алар негизги чиеленишкен идеянын чечмеленишине гана өбөлгө түзүшөт. Башында бири-бирин сүйүп-күйүп баш кошкон жубайлар эки балалуу болгон кезде эрин кара теке сүзүп, башка аял менен ойноп кетет. Бара-бара күн-түн дебей анысыныкында тапкан акчасын ичип-жеп, көңүл ачып жата берет. Анысы аз келгенсип, үйүнө бир тыйын да алып келбей, оңолсоң боло деген аялын уруп-сабайт. Бир күнү тиги акмак эри булардын үстүнө ойношун алып келип жашап алат. Ошентип, көрбөгөн азап-тозоктун баарын көргөн байкуш келин эки баласын жетелеп төркүнүнө кетет. Эки баласы менен келген шордуунун ата-энеси да кайтыш болуп кеткен, ал эми бир туугандары болсо батырбай кубалашат. Кийинчерээк айалы каза болгон оокат-жайлуу бир кишиге жолугуп, аны менен чогуу түтүн булатат. Анын аркасы менен балдарын да татыктуу тарбиялап, өзү да сырттан окуп билим алууга жетишет. Өзүнөн бир топ улуу эри каза болгондон кийин анын оокат-жайына ээлик кылып, бардар жашап калат. Бир кездеги чиедей балдарын ээрчитип, далай азапты башынан кечирген аял акыры өзүнө-өзү ишенген ишкер айымга айланат. Ошол эле учурда тиги эркектин да жашоосу көрүүчүлөргө улам көрсөтүлүп турат. Ал болсо ойношу экөө үйүндөгү идиш-аяктан бери сатып, аракка жумшаган соң, акырында эптеп баш калкалаган жепирейген үйүн да сатышып, көчөдө калышат. Ойношу андан пайда жок экенине көзү жеткенде башка эркекти ээрчип кетип калат. Арактан башы чыкпаган берки ууру-кески болуп түрмөдө да отуруп чыгат, айтор өзүнө окшогон "бомждор" менен таштанды казып өлбө жаным, өлбө деп күн кечирет. Аягында кейипкер айым турмуштун кыйынчылыктарын жеңип чыгат, ал эми эркек өзүнөн-өзү ырыскысын тээп, акыры сандалып көчөдө калат. Кыскасы, фильмдин аты эле айтып тургандай, бул сыяктуу таалайы тайкы адамдар көп эмеспи арабызда. Окуялары курч бул сериал көрүп отургандарды бирде каармандардын жан кейиткен тагдырына жүрөгү сыздап, аларга кошулуп ыйлоого аргасыз кылса, кээде кыжырларын кайнатып, жерди тарс муштап алууга аргасыз кылат. Же үйдөн жок, же үйбүлөдөн жок, темтейип көчөдө калган кишинин ролу, албетте, эрке талтаң эркек-киножылдыздардын биринин да көңүлүнө туура келбей жаткан.

Мунун баары ойдон чыгарылган нерсе жана көрүүчүлөр ал аткарган роль менен аны бир адам катары кабыл алышпайт деп ынандыруу пайдасыз экенин Гүлбарчын жакшы түшүнүп турду. Актерлор өз тажрыйбасынан билишкендей, көрүүчүлөр аларды тасмадагы кейипкердин элеси менен бир кабыл алышат, начар ролдордон ар кайсы шылтоону айтып баш тартышканы да ошондон. Анын үстүнө, бул тасмада эркек каарман бир кезде кор кылган аялдын астында баш ийип, тасманын аягында анын ишканасында короо шыпыргычтын ордун ээлөөгө да татыксыз болуп калат. Башкы ролду аткара турган актриса финансылык тобокелди өз мойнуна алгандан баш тартты. Спонсорлор болсо тасмада атактуу жылдыз актердун катышуусу аларга кепилдик болорун билдиришиптир. Айтор экөө маектешип отурганда Эркин ага ошентип айтты.

- Сценарийге бир аз өзгөртүүлөр киргизилгенде го.. . , - деди атайын эле убакытты созуп, Гүлбарчынды караган Бакыт Макешов, - каарман бир аз сүйкүмдүүрөөк болгондо жакшы болмок.. .

"Бир аз" деп айтып жатканда ал "бир топ" деп айткысы келгенин Гүлбарчын айдан ачык билип турган. "Сүйкүмдүүрөөк" деген сөз анын ою боюнча "таасирдүү, эмне айтса да туура болгондук жана кудуреттүүлүк" дегенди билдирет.

Официант кофе алып келди. Аны акырындан ууртап, Гүлбарчын Бакытка эмне үчүн тасманын аягында эркек эмес аял жеңишке жетерин түшүндүрө баштады. Бирок тиги неме анын келтирген жүйөөлөрүн кулагынын сыртынан чыгарып, терезени тиктеп отурду.

- Мен сизди түшүндүм жана бул жагдайдан чыгыштын эң жөнөкөй ыкмасын сунуштап жатам, - деди ал акыры. - Башкы каармандардын ордун алмаштырып коюңуз. Ошондо экөөбүз тил табышабыз.

- Антиш менин колумдан келбейт, - деп улутунду убактысы текке кеткенине өкүнгөн Гүлбарчын.

Китептин өзөгүн түзгөн жана тасманы кызыктуу кылган нерсе дал ошол чиеленишкен окуялардан эркек эмес аялдын татыктуу чыгышы эле. Ушул жагдай гана көптөгөн сценарийлердин арасынан Гүлбарчындын дал ушуну тандап алышына түрткү болгон.

- Анда эмесе, тилекке каршы, биз бир пикирге келе албайбыз! - деп Бакыт Макешов алаканын жайды.

Анан Гүлбарчындын артындагы бир аялды кызыга карап койду.

Гүлбарчын дагы бир жолу аракет кылып көрөйүн деп чечти.

- Бул жагдайга башкача көз менен карап көрсөңүз, - деди ал. - Башыма бир идея келип жатат. Сиздин каарманыңыздын утулушун сиз үчүн утушка айландырып коюуга болот. Кинотасма тартылып бүткөндө пресс-релиз жарыялап, бул ролду аткарууга макулдук бергенде сиз эрдик жасаганыңызды, аны менен коомдук жашоодо аялдардын ролун жогорулатууга аракеттенгениңизди жазабыз. Ошондо сиз аялдардын арзуусуна татыйсыз жана абдан интеллектуалдуу адам катары тааныласыз. Катардагы сүйкүмдүү эркектен акылы тетик татыктуу эркекке айланасыз. "Акылдуу жорго" деген ат абдан уккулуктуу угулат, чынбы?!

Бакыт Гүлбарчындын артында отурган аялга көз кысып:

- Менимче, аялдардын арасындагы аброюмду жогорулатуунун кажети жок, - деп супсак жооп берди.

Кийинки көз ирмемде бирөө атынан чакырганын угуп, кылчайып караган Гүлбарчын кире бериштен аларды көздөй келе жаткан курбусу Айганышты көрдү.

Ал кыска кызыл көйнөк жана бутуна бийик такалуу кара туфли кийип алыптыр. Кара коюу чачтарын түз тарап, далысына жайып койгон.

Гүлбарчын ордунан тура калып, курбусу менен өбүшүп:

- Бул жерге кайдан келип калдың? - деп сурады.

- Бир досум менен келгем, ал ушу клубдун мүчөсү, - деди Айганыш. - Көптөн бери отурасыңбы? Биз кошуна залдабыз. А бул ким? Мен аны бир телесериалдан көрсөм керек эле.

- Экөөңөрдү тааныштырып койоюн, - деди Гүлбарчын. - Бакыт Макешов, Айганыш Акбагышева.

Актер тиги айымдын тизеси менен көйнөгүнөн чыга калчудай болгон төшүнөн көзүн алалбай ордунан ыргып туруп:

- Сиз менен таанышканыма кубанычтамын! - деп Айганыштын колун кысты.

- Мен да кубанычтамын, Бакыт, - деген Айганыш анын кой көздөрүн кылгыра тиктеп жылмайды. - Сиз экрандагыга караганда алда канча сүйкүмдүү экенсиз, - деп кошумчалады.

- Биз менен чогуу отурбайсыңбы? - деп сурады Гүлбарчын экөөнүн ортосундагы оор абалды жеңилдетүүгө курбусунун жардамы тиеби деген үмүт менен.

- Жок, мен шашып жатам! - деди Айганыш.

- Кайда? Мен сизди жеткирип койоюн, - деп сунуштады Бакыт.

- Сокулукка, - деди Айганыш.

- Мен да ошол тарапка бармакмын. Машинем клубдун алдында турат.

- Тиги досуңчу? - деп сурады Гүлбарчын.

- Аны кудай алмак беле! Кечки тамагыңды бузуп койгонум үчүн кечирип кой! - деди Айганыш. - Маанилүү сөзүңөрдү да бөлүп койдум окшойт.

- Эч нерсе эмес, сөзүбүз деле аяктап калган, - деген Бакыт айтканымдан кайтпайм дегенсип Гүлбарчынды карап койду. - Жакшы калыңыз!

- Жакшы баргыла, - деди Гүлбарчын. - Официант менен өзүм эсептешем, сизди бул жакка мен чакырдым да.

- Баса, эртең кечинде эмне пландарың бар? - деп сурады Айганыш, курбусунун көңүлүн көтөрүп койоюн деди окшойт. - Эгер бош болсоң, чогуу тамактаналы. Мен сага бүгүн кечинде саат сегиздерде телефон чалам.

- Макул, ал убакта мен үйгө барып калам, - деди Гүлбарчын.

- Сиздин машинеңиздин маркасы кандай? - деп Айганыш Бакытка бурулуп сурады. - Зымыратып катуу айдаганды жакшы көрөм!

Ал кирпиктери бойолгон көздөрүн кылгыртып аны карап койду. Айганыштын бул ыкмасы эркектерге абдан күчтүү таасир этер эле.

- "Феррари", - деп жооп берди дердеңдеген Бакыт.

- Эң сонун! Булгаары капталган орундуктар менен жаңгак салондорду жакшы көрөм!

- Буга кошумча он эки цилиндри бар!

Айганыш Бакытты колдон кармап:

- Суранам, башка сөз айтпаңыз! Антпесе бир нерсе болуп кетишим мүмкүн!

- Көрүшкөнчө, Гүлбарчын! - деди Бакыт дагы бир жолу.

- Көрүшкөнчө! - деп курбусуна көз кыскан Айганыш көчүгүн чайпап, жаңы жандоочун ээрчитип сыртка жөнөдү.

Залда отургандардын көпчүлүгү бул учурда ага аябай көз артып жатышты болуш керек.

Конок үйдөгү телефон туура саат сегизде чырылдады.

- Бул мен, - трубкадан Айганыштын үнү угулду.

- Кандай экен анан? - деп сурады Гүлбарчын.

- Кантип билдиң?

- Аны билиш анчалык деле оор эмес. Андан көрө айтчы, Болот билип калса эмне дейт?

Айганыш каткырып күлдү:

- Эмкиде ал экөөбүздү көргүсү келет болуш керек. Анын аялы бар экенин унуткан жоксуңбу? Мага кандай айып кое алмак эле? Мен ага аялы жөнүндө ооз ачпайм, ал болсо ага жолукпаган убакта эмне кылып, кимдин колун кармаганымды сурабайт деп макулдашканбыз.

- Тиги атактуу актерубуз өзүн кандай алып жүрдү?

- Ага кандай баа берейин? Он баллдык шкала мененби?

- Өзүң бил!

- Андай болсо аның бир деген баага да татыган жок, - деп жооп берди Айганыш.

- Эмнегедир мен да ошондой го деп ойлодум эле, - деди Гүлбарчын.

- Аныкы шалпайып, түзүгүрөөк турбайт да экен. Эгер ошол маалда өзүн күзгүдөн көрсө таптакыр эле эч нерсе кыла алмак эмес, - деди Айганыш.

- Бай болгур, майда-чүйдөсүн айтпай эле койчу мага!

- Аябай көңүлүм калды, - деп даттанып жатты курбусу. - Ал мага ресторандан ушунчалык сексуалдуу көрүнгөн. Турсама бүтүрүп койо жаздагам. Анан карачы, аягы эмне болду!

- Сен эмне, турса кийип жүрдүң беле?

- Эми аны жөн эле айта салдым. Бирок, курбум, мен сага башка нерсени айтайын деп чалып атам. Болот сени тим эле өлгүдөй жактырып калыптыр. Ал сени абдан келишимдүү айым экен деди. Жерге-сууга тийгизбей эле жаагын жанып кечке сени мактап отурду.

- Чынын айтсам, баягүнү кумарым аябай канбадыбы, - деди Гүлбарчын.

Медер экөөнүн ортосунда болгон окуя жөнүндө курбусуна али айтып бере элек болчу. Алар коштошпой эле акырын кетип калышкан, жекшембиде да Айганыш менен байланыша албай калган.

- Анда эртең меникине отуралыбы? Же бир жакка барып келелиби? - деп сурады курбусу.

- Сеникинде эле отурсак жакшы болмок, - деди Гүлбарчын.

- Эң сонун! Мен тамак жасап койом. Баса, Болоттун сени көрсөм дегенде эки көзү төрт болуп жатат!

- Ии, өзү да абдан келишимдүү эркек экен! - деди Гүлбарчын.

- Анын кандай экенин сен али биле элексиң!

- Аны менен өткөндөгү кылыгыңды дайыма кыласыңбы?

- Болотко ошенткеним жагат. Эми анын баарына төлөп жатат да, туурабы? Мейли, эртең дагы сүйлөшөбүз. Көрүшкөнчө!



Эртеси күн ачык болгондуктан, Айганыш балконго дасторкон жайды. Ал асты-үстү окшош ак спорт күрмө кийип алыптыр. Анын жанында белин кур менен тарткан күрөң көйнөкчөн Гүлбарчын бир топ эле улуу көрүнөт.

- Кийим-кечеңди жаңыртып коюш керек экен, - деди Айганыш чекесин тырыштырып.

- А сен мага жарашыктуу кийим тандашып коесуңбу? - деп сурады Гүлбарчын. - Дайыма эле шашып-бушуп алып алам. Жаныңда кеңеш берген киши болсо да жакшы тура. Өзүм кайра эле ушуга окшош, болбогон бирдемелерди алып алам.

- Гулечка, имиджиңди өзгөртпөсөң болбойт, - деп Айганыш ишенимдүү айтты. - Өткөн ишембиде кандай ажарлуу болгонуңду эстечи! Болот айткандай, айдан түшкөн пери болуп калгансың.

- Билем. Жаңы кийим маанайымды да көтөрдү, - деди Гүлбарчын. - Көптөн бери ошондогудай көңүл ача элек элем!

- Аа, ал эми көңүл ачуу деп аталып калды беле? - деп сурады курбусу мыйыгынан күлүп. - Кана айт эми, Медер экөөң эмне болдуңар? Ал сага жактыбы? Менимче, ал келишимдүү эркек.

- Ии, анан дагы чоң экен! - деп кошумчалады кыткылыктаган Гүлбарчын.

- Канчалык чоң? Мен сага жөнөткөн белектен да чоңбу? - деп Айганыш кызыга сурады.

- Эки эсе, мүмкүн андан да чоңураактыр, - деп жооп берди Гүлбарчын.

- Анын коңкойгон мурдун баягүнү опера балеттен адеп көргөндө эле билгем ошондой экенин.

- Ой деги, балээнин баарын билесиң ээ!

- Анан кимиси көбүрөөк жакты? Белегимби же Медерби?

- Экөө тең жакты, - деди Гүлбарчын. - Эгер төшөк кумарынын сырлары деген бөлүм ачсаң, жарнама жагын мен алайын. Укмуш белегиң өз учурунда жетип, мага кантип жардам бергенин элетете да албайсың! Мен жашоого башкача көз менен карай баштадым. Ал эми ал сыйкырдуу аспапты колдонгонду үйрөнүштүн өзү канча ырахат тартуулады дейсиң.

- Сага жакса эле болду! - деди Айганыш.

- Аны жандырып алып баткан жыргалдын четин да көрбөй жүрүптүрмүн да, көрсө!

- Ошондой окуядан кийин Медерди кантип жыргаттың? - деп сурады Айганыш. - Анын дыңкыйган немеси сенин кенедей жериңе кантип батып кетти?

- Ыйкагыч менен машыкпасам, аңым чын эле дал-далынан айрылып калмак экен, - деди Гүлбарчын кыткылыктап. - Анын үстүнө ич кийим да аябай дүүлүктүрүп таштады. Аял үчүн анын ошончолук маанилүү экенин билген эмесмин.

- Демек, мындан ары да машыгып туруш керек жана кийимди да унутпаган оң, - деген жыйынтык чыгарды Айганыш. - Жакында таптакыр таанылгыс болуп өзгөрөсүң. Балкондо таза аба болгону менен мен чыйрыгып кеттим. Конок үйгө эле отурбайлыбы? Тарелкалардагы тамак-ашты жыйнашып койчу, жүк ташыгыч лифт менен ылдый жеткирип алалы.

Курбулар конок үйгө көчүп келишти. Айганыш төрдөгү үстөлгө дасторкон жайып, бир бөтөлкө кызыл шарап ачып, Гүлбарчындын маңдайындагы диванга көчүк басты.

- Ошентип Бакыт Макешов сенин үмүттөрүңдү актаган жок дечи, - деди шараптан ууртап жатып Гүлбарчын.

- Төшөктөн актай албады, бирок убактым текке кеткен жок! - деп Айганыш сырдуу жылмайып койду.

- Эмнени айтып жатасың? Бол эми, ачыгын айтсаң!

- Башка күнү айтайынчы.

- Мурда бири-бирибизден сыр жашырчу эмес элек го!

- Күн мурунтан эле айтып койсом, анан болбой калсачы. Аны менен ресторанда эмнеге отурдуң эле?

- Жаңы телесериалыма тартыл деп көндүрө албай жаткам. Башкы ролго актер керек болуп жатат.

- Анан, тиги макул болдубу?

- Жок, баш тартты! - деп жооп берди Гүлбарчын. - Эмне кыларымды да билбей калдым!

Ошол учурда кимдир бирөө сырткы эшикти ачкыч менен ачып, тепкич менен көтөрүлүп келатты.

- Аябай жайланышып отурган экенсиңер! - деген Болот барга барып, чоң бокалга жарымынан өйдө коньяк куйду.

- Катының менен Улуттук галереяга барам дебедиң беле, - деп Айганыш супсак айтты.

- Бардым, бирок жалгыз эле, анан бул жакка кайрыла кетейин дедим, - деди Болот кебелбей. - Кымбаттуу Гүлбаржан, сизди көргөнүмө кубанычтамын! - Ал Айганышты бетинен өөп, жанына отурду. - Кандай жүрөсүз?

- Жакшы. Өзүңүзчү?

- Менин иштерим сизди кызыктырбайт болуш керек. Мисалы, мына бүгүн үч сааттан ашык былтыйган эркектердин арасында отуруп, өлгөнчө чарчадым. Андан көрө силер менен отурганым жакшы эмеспи!

Ал коньяктан чоң ууртап, Айганыштын санын сылап койду.

- Тилекке каршы, мен кетейин деп жаткам, - деп Гүлбарчын бокалындагы шарапты түгөтө ичти. - Телефондон такси чакырып алайынбы?

- Кандай гана ажарлуу аял! - деди Болот Айганышка. - Ошондойбу, кара жан? Аял эмей эле бир периште!

- Аның чын болсо шопуруңа айт, Гүляны үйүнө жеткирип койсун, - деди Айганыш.

- Албетте, алтышка! - деген Болот аны диванга чалкасынан жыгып алып, оозунан өпкүлөп, колун шымына сойлотту. - Бирок бир чети биз менен эле калбайбы?

- Жок, жаным! - деди Айганыш. - Топтошуп кумарга баткым келсе, башка таанышыма телефон чалам!

- Гүлбарчын турганда аныңдын эмне кереги бар? - деп таң калды Болот.

- Гүлбарчын сойку эмес деп айтпадым беле сага!

- Сойкуларың бери жакта эле калат деди го Медер! - деп Болот да өзүнүкүн бергиси келген жок.

Таң калыштуусу, бул сөзгө Гүлбарчын таарынган жок. Тескерисинче мактоо сөз уккандай болду. Эмнегедир Болоттун орой кылыгы да көңүлүнө тийген жок.

- Мен жөнүндө ошондой ойдо калганына кубанычтамын, - деди ал. - Эмнеге эле урушуп жатасыңар? Болот эмне деп жатат? - деп сурады курбусунан.

- Ал аялдар бири-бирин кандырганын карап отурганды жакшы көрөт, - деп жооп берди Айганыш түнөрүп.

- Ал өзүнчө эле бир керемет көрүнүш да! - деп Болот анын айтканын ырастады.

- Уксаң, Гүлбарчын! Менимче бул мас болуп калды. Галереядан эле же ага чейинби, ашыкча ичип алган окшойт. Ылдый түшүп, машинеге отур да, үйүңө жетип ал, - деди Айганыш.

Бирок бул идея Гүлбарчынга жаккан жок. Ал дагы шарапка бир аз кызый түшкөн. Үйүнө таптакыр эле баргысы келбей турган, жалгыз барып алып эмне кылмак эле. Анан "калгым келип жатат" деп айтып жибергенин өзү да байкабай калды.

- Керемет жан деп айттым беле! - деп сүйүнүп кеткен Болот жалжайып күлүп, Айганышты кайра диванга басып жыгылды. Болот Айганыштын мойну-башын аймалап, колу аласына кеткенде:

- Дааратканага барып келейин, - деген Гүлбарчын конок үйдөн чыгып кетти.

Дараатканада отуруп, оюнан айнымак тургай кайра тиги экөөнө кайтып барып, чыныгы төшөк оюнун баштагысы келип кетти. Башта мындай ойлор башына келчү эмес, анын фантазиялары жөнөкөй жыныстык катнаш менен гана чектелчү. Секстен түзүк ырахат ала албагандыктан, негизи эле ал жөнүндө азыраак ойлонууга аракеттенчү. Эми болсо баары өзгөрдү жана ал зымырап учуп бараткан сезимдерин кууп жетип, артка кайтаргысы келди.

Колун жууп, сүргүгө аарчыган соң ал акыры бир бүтүмгө келди. Коноктор уктоочу бөлмөгө келип, көйнөгүн чечип, керебетке тыкан бүктөп койду. Ич көйнөгү жуула берип ак эмей эле бопбоз болуп, өңү өчүп калган. Ал кебетеси менен тигилердин үстүнө барганы уят. Анысын чечип, сүргү оронуп алсамбы деп ойлоп турганда, шкафты карап көрөйүнчү деген ой келди.

Ошенткени туура болуптур: ал божомолдогондой эле шкафка Айганыш кийгиси келбеген кийим-кечесинин баарын тыга бериптир. Бул байлыкты казып атып, арасынан кара жибек ич көйнөктү таап алды. Кийип көрсө туура эле келет экен, аз-маз эле кыска болбосо.

Гүлбарчын күзгүгө каранды. Ачык төшү менен кыска этеги келишкен мүчөсүнө жарашып эле калыптыр. Жука кездемеден тирсийген эмчектери менен узун буттарынын ортосундагы кара түгү байкалат. Азыр ал сойкуга эмес, эркегин дүүлүктүргүсү келген ойнош катынга окшоп калды.

Өзүн күзгүдөн жакшылап караган сайын делебеси козголуп баратат. Ишемби күнү жасаган ачылышы туура экенине дагы бир жолу көзү жетти. Аялдын тышкы келбети ички дүйнөсүнө сөзсүз таасир этет.

Гүлбарчын бөлмөдөн чыгып, тепкич менен көтөрүлүп, конок үйгө келсе ал жакта эч ким жок экен. Анан ал үй ээсинин уктоочу бөлмөсүнүн эшигин ачып, ишенимдүү кирип барды. Көз алдына укмуш көрүнүш тартылды.

Энеден туума жылаңач Айганыш далдайган керебетте тизелеп отурат. Анын денеси күнгө тегиз күйгөнүн көрүп Гүлбарчын таң калды, турсасынын да, эмчек кабынын да изи билинбейт. Кош алмасы тирсийип, чыңалып чыгыптыр.

Болот анын астында чалкасынан түшүп, буттарын бириктирип жатат. Айганыш беркинин зиңкийген олжогойуна отуруп алып, көчүгүн бир калыпта өйдө-ылдый кыймылдатат. Курбусун көрө коюп, ал акырын:

- Ии, ошону ырас кийип алыпсың! - деп койду.

Болот Гүлбарчынды мойну кайрылгыча карап:

- Периштем десе! Сени тим эле жеп жибергим келип жатат! Бери кел, жаным десе! - деди каргылданган үнү менен.

Гүлбарчын керебеттин жанына келгенде Айганыш Болоттун үстүндө ыкчамдап теминип, онтоп жиберди да, Болоттун көкүрөгүнө башын жөлөй жыгылып, жан жерин тигинин олжогойуна ыйкагылай баштады. Болот кырылдап, көчүгүн мурдагыдан да катуу кыймылдатты. Гүлбарчын колун анын үрпүнө койду. Анысы аялдыкынан бетер катуу боло түшүп, көбө баштады. Анын булчуңдуу тулку бою менен кең төшүндөгү коюу түгүн карап, Гүлбарчын да дүүлүгүп чыкты.

- Биздин жаныбызга отур, - деген Болот ыргагын ылдамдатып, ишин уланта берди.

Айганыш күңгүрөнө онтоп, башын ары-бери чулгуду.

Керебеттин кырына көчүк баскан Гүлбарчын курбусу ойношу экөө тең калчылдай баштаганын байкады.

- Гүлбаржан, келчи, бир өптүрүп койчу! - деди Болот. - Кабатыр болбо, Айганыш таарынбайт. Экөөңөргө тең алым жетерин билет да.

- Ал жөн эле карап турат го дегем, - деп Айганыш каршы болумуш этти.

- Мындай таттуу эриндерди кантип өппөй коймок элем?! - деди Болот.

Гүлбарчындын кыны жыйрылып, аласын бирөө ийне менен сайып жибергендей болду. Анын ичиндеги ойгоно калган шайтаны ар кандай акылсыз жоруктарга түртүп жаткан, Гүлбарчын канча аракет кылса да алардан баш тарта алмак эмес жана антейин деген ою да жок болчу. Кумарын кандыра турган береги сонун мүмкүнчүлүктү кое бергидей келесоо болуптурбу, ансыз деле ушул убакка чейин тыңыраак дене жыргалын билбей жүрбөдүбү.

- Туура айтасың, Бокинтай! - деди да Гүлбарчын эңкейип, анын эриндерине колун тийгизди.

Ушул кылышып жатканда да Болоттун көздөрү токтоо нурданып, жүзү мурдагыдан да сүйкүмдүү жана кайраттуу боло түшкөн. Ал оозун ачып, шурудай тизилген аппак тиштери менен Гүлбарчындын манжасын кысып алды, анан башын бир аз өйдө кылып, кичинекей балача аны соро баштады. Гүлбарчындын дүүлүккөн денеси калчылдап кетти. Ал манжасын тартып алып, берилип өбүшүп жатып, желкесин теше тиктеп турган Айганыштын көздөрүн сезип турду.

Болоттун олжогойу баштагыдан да жооноюп жана катуулап, кындын ичиндеги кыймылы күчөгөн окшойт, Айганыш онтоп жиберип, башын чалкалатып:

- Ылдамыраак, Болот! Дагы! Ылдамдат! - деп кыйкырды.

Болот анын айтканын дароо аткарды, ошол эле учурда жибек кездемени тешип чыкчудай болуп калган Гүлбарчындын кош алмасын да кармалоого жетишти.

- Мени каалап жатасыңбы? - деп сурады ал акырын.

- Ооба, аябай каалап чыктым! - деп жооп берди Гүлбарчын, ал учурда башы айланып, курсагынын төмөн жагы ооруксунуп турган.

Ал тезирээк эле эркектин катуу, узун аспабы кынын тиреп, ичине толо түшсө экен деп эңседи. Болотту оозунан соруп өөп, тилин сойлотту. Болот анын эмчегинин үрпүн тырмалап жатты.

Эки-үч сыйра кумарын кандырууга жетишкен Айганыш Гүлбарчынды артынан тикирейип карап турган. Гүлбарчын боюн түзөп, курбусун карады да, ал таарынбаса да, чоочун адамдай карап калганын байкады.

Тезирээк бир нерсе кылбаса болбой турганын түшүнгөн Гүлбарчын чалкасынан жата калып, буттарын талтайтып, тизелерин бүктү. Анын алжайган түктүү аласын көргөн курбусу оозун ачып калды да, анан жаланып да койду.

- Болбойсуңбу! - деди Гүлбарчын.

Талып калган немече Айганыш Болоттун үстүнөн түшүп, таттуу керилип алды. Болоттун тамырлары көөп чыккан, баш жагы бир аз ийилген олжогойу силкилдеп барып, какайып туруп калды. Көлөмү жагынан Медердикине жетпесе да, бир топ эле чоң экен. Айганыш аны карап алып кыткылыктап күлдү.

Болот ордунан тура калып, терең дем алды да, Гүлбарчындын үстүнө чыгып, котосун түбүнө чейин тыкты. Гүлбарчын онтоп жиберип, оозун ачып калды. Болоттун эриндери эрдине чапташып, тили оозунун ичин изилдеди. Гүлбарчын таттуу ыркырап алып, көчүгүн кыймылдатып кирди. Котостун башы жатын оозуна барып, күч менен урунуп жатты.

- Белиң абдан ичке тура! - деп каргылдана шыбыраган Болот кыймылын тездетти.

Ал учурда Айганыш да жөн турбаганын Гүлбарчын көзүнүн кыйыгы менен көрдү. Ал керебеттин кырына сойлоп барып, үстөлдүн тартмасына колун созуп, адамдын терисине түспөлдөш кичирээк ыйкагычты алып чыкты. Ал эркектин мүчөсүнө окшоштурулбаптыр, уч жагы тоголок болуп кеткен циллиндр түрүндөгү аспап экен. Айганыш артка сойлоп келип, тизелеп турду да, Гүлбарчынды карап ыйкагычты өзүнүн кынына салганда дене бою калтырап кетти.

Гүлбарчындын да тылагы жыйрылып, Болоттун котосун ого бетер кысып жиберди. Артында турган Айганыш бирдеме кылып жатканын түшүнүп, Болот ага бурулду.

- Менин курбум кандай экен? - деп кызыга сурады Айганыш.

- Ах! Аябай тыкыс жана ыпысык! Керемет! - деди Болот.

- Даярсыңбы? - деп сурады Айганыш.

- Даяр эле болуп калдым окшойт, - деп күбүрөгөн Болот Гүлбарчындын аласына котосун болушунча терең итерди.

Бирок эмнегедир кайра артка тарткан жок.

Бул экөө азыр көнүп калган иштеринин бирөөнү жасаганы жатканын Гүлбарчын түшүндү. Ал жаңылышпаптыр. Айганыш сууланышкан ыйкагычты аласынан сууруп алып, Болоттун жанына төрт аяктап жөргөлөп келди да, колундагысын анын көчүгүнө акырын киргизди.

Болот бир аз бети-башын тырыштырып, нааразы болгондой башын чайкап:

- Көрдүңбү, курбуң ушундай адепсиз! - деди.

- Бирок сага жагып жатат да! - деди Гүлбарчын.

Кынындагы котостун ого бетер солкулдай баштаганы даана сезилди.

Айганыш сигарага окшогон вибраторду Болоттун көчүгүнө дагы тереңирээк түрткөндө ал онтоп алып, бети-башын бырыштырып, көздөрүн жумуп, муундары калчылдап чыкты.

Гүлбарчындын кынындагы котос да калчылдай баштады.

Ушул көз ирмемге чейин ал уйку-соонун ортосунда болгонсуп, оюна келгенди эле жасап жаткан. Айланасында болуп жаткандын баары түшүнө киргендей сезилген, анткени мындай нерсе качандыр бир кезде башымдан өтөт деп ойлогон да эмес. Ал курбусунун ич көйнөгүн кийип, бөлмөгө киргенин, олдоксон кыймыл-аракеттерине Болот менен Айганыштын мамилесин кайра-кайра элестетти. Диванда кошулуп жаткан экөөнү обочодо карап, тизелери бүгүлгөн буттарын талтайтып жаткан өзүн көрдү.

Бирок капыстан анын баары өзгөрдү. Аң-сезим менен дене бирикти, ал өзүн алыстан көрбөй калды жана бүт сезимдери кынына топтолду. Анысында Болоттун котосу силкинип жаткан. Айганыш арткы тешигине ыйкагычты тыгары менен Болот өзүнүн аспабын Гүлбарчындын кынына түбүнө чейин мылгыткан. Гүлбарчын жатындын мойнуна урунган котостун башын даана элестетти. Андан ары көз алдына андан да кызык көрүнүш тартылды: кындын гүлгүн кызыл төрүнөн орун алган жатын эриндерин чормойтуп, котостун башын өөп, анан аны соруп кирди. Котостун башы жан жагы чыңалып чыккан нервдерге толо жатынга кире баштады, ошол учурда Гүлбарчындын денесин ырахат толкундары аралап өттү.

Гүлбарчын али болуп көрбөгөндөй жепжеңил түшүрүп, кадимкидей жеңилдей түштү. Кийинки көз ирмемде анын ачылган чанагы бариктерин жыйрып, эбегейсиз зор ырахат тартуулаган керемет аспаптан айрылгысы келбегенсип, аны бекем кысып алды.

Бул бөлмөдө болуп өткөн кыймыл-аракеттерден турган түркүн-түстүү элестер Гүлбарчындын көз алдына тартыла баштады - Айганыштын таттуу керилгени, анын ширесинен жылтырап, аласынан чыккан котос, Болоттун көчүгүнө жылмышып кирип бараткан чакан ыйкагыч. Бул сүрөттөр чокко ыргытылган куурайларга окшоп, Гүлбарчындын денесинде жаңы жалындардын тутанышына жол ачты. Алар акыры мээсине чейин жетип, аң-сезимин тунартып, терисинин ар бир тешигине киргенде кубанычтан көзү мунарыктап эч нерсе көрбөй калды.

Айганыш ыйкагычтын ылдый жагындагы шакекчени бурады эле Болот ого бетер титирей баштады. Анын котосу аркылуу алиги титиреген толкундар Гүлбарчынга да өттү. Кын тилинен учкундар чачырап кеткендей туюлду. Илимий жактан далилденген кындык, кын тилдик, оралдык жана аналдык деген оргазмдар жөнүндө айтылган сөздөр жөн эле бир болбогон нерсе деп ойлор эле мурда. Андай эмес экенин эми түшүндү. Оргазм дененин ар кайсы бөлүгүндө очок аларын эми өзү көрүп, туюп отурат. Анын алгачкы оргазмы жатын мойнун тарсылдата койгулап жаткан котостун башы себеп болуп, кынынын тээ түпкүрүндө жаралган. Ал кайгылуу күү чалган комуз кылдарындай дирилдеген. Эми болсо ошол котостун титиреген башы чыгарган таптакыр башка импульстарды таратып, чебер кыл кыякчынын мукам күүсүн элестетти. Дене боюн баштан аяк чулгаган ырахатка туруштук бере албаган Гүлбарчын:

- Жок! Жок! Жок! - деп кыйкырды.

- Ооба! - деп шаңдуу ыркырап алган Болот астында акыштап жаткан айымына улам жаңы сезимдерди тартуулагысы келип, көчүгүн катуу кыймылдатып кирди. Ал бирде аспабын учуна чейин сууруп чыгып, бирде кайра ысык үңкүргө агытып жатты. Арстанча ырылдап алып, жан алы калбай дырылдап арткы тешигин казып жаткан ыйкагычка атаандашкансып, Гүлбарчындын жатынын котосу менен үстөккө-босток койгулады. Гүлбарчындын назик кыны котосту чоң кулпунайды каптаган коюу каймактай аяр кысып турат. Болот сыртка буулугуп бараткан эрендигин ооздуктап араң чыдады.

Бекеринен ошентпептир! Кынында улам барган сайын жоонойуп жана катуулап бараткан кертмектин кирип-чыгып, тынымсыз кыймылдаганынан чыккан керемет толкундардын таасиринде Гүлбарчын башка дүйнөгө барып калгандай болду. Эркектин мүчөсү жатын мойнуна барып урунган сайын аны бекемирээк кысып жатканына өзү да ишене албады. Ал эми денесинин терең түпкүрүндөгү шире көлү тосмону бузуп, буркулдап кайнаган дарыяга айланып, агып келе жатты. Акыры Болоттун котосун чөмүлтүп келип, аласынан агып шейшепке төгүлдү. Муну сезген Болот ыркырап жиберип, кыймылын тездетти.

- Дагы! Дагы! Суранам сенден! - деп кыйкырды Гүлбарчын.

Ошол маалда бир колуна Болоттун көчүгүнө тыгылган ыйкагычты кыскан Айганыш экинчи колун аласына салып, гитара чертип жаткансып, манжаларын тыбыратты. Акылдан адашкансып, тикирейе тиктеген курбусун көрө коюп:

- Мен бүтүп баратам! Кандай жыргал!.. - деп онтоп жиберди.

Денеси чыйрала түшүп, эмчектери титиреп, буркан-шаркан түшкөн сезимдерин кармап калгысы келгенсип, аласын алаканына мыкчып алып айласыз акыштады.

Гүлбарчын көздөрүн жумду да, ошол замат оргазмдын жаңы толкунунан денеси калчылдап чыкты, анткени Болот жатынын жапырганы аз келгенсип үстүнө оордугун салып жата калганда үрптөрүн жалпайта баскан. Котостун катуу өзөгү кын тилин басканда Гүлбарчынды таң калтырган нерселер боло баштады. Ал өзүн жээктен жээкке урунган кароосуз кайыктай сезди. Лаззаттын зор толкундары аны бирде көк асманга ыргытса, бирде баштан ылдый чүмкүп, көбүрүп-жабырып шарактап аккан дайранын кучагына сүңгүттү. Бул айлампадан сүзүп чыгууга далбас урган Гүлбарчын кулагы укпай, көзү көрбөй калса да өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу аял сезди.

Ал убакыт-саатты да, өзүнүн ким экенин, бул жерде кандайча келип калганын да билбей эстен танып жатты. Керебет өзүнчө эле бир кызгылт түстүү мейкиндикке айланып, өзү болсо анын үстүндө көпкө калкып жүрдү. Акыры өзүнө келип, таттуу уйкусунан ойгонду. Ал көзүн ачканда кумар майданында бир топ өзгөрүүлөр болду.

Айганыш Болоттун арткы тешигинен ыйкагычты сууруп алды. Тиги ыңгыранып Гүлбарчындын үстүнөн түшүп, чалкасынан жатты. Таң калыштуу, бирок анын аспабы дагы эле какайып типтик турат!

- Мен эч качан куру калбайм, - деп курбусунун таң калып караганын байкаган Айганыш түшүндүрүүгө аракет жасады.

Сыягы, бул экөөнүн байланышы үзүлбөй көпкө созулганынын себеби ушунда болсо керек. Төшөк кумарына ким менен батканына карабастан, Болот дайыма уруктугун Айганыштын кынына гана чаччу адаты бар экен.

Мына азыр да Айганыш солкулдаган аспапты колу менен кысып, үстүнө шамдагай отура калды. Болот ырахатка балкып, жылмайып жатат.

- Дал ушул нерсени кааладың беле, тентек десе? - деп сурады Айганыш шаңкылдап.

- Өзүң деле билесиң го! - деп корулдады ойношу.

Үстүндөгү чабандестин кара чачтары анын бетине жайылды. Айганыш бир колу менен аларды артка серпип, экинчиси менен котостун түбүн кысты.

- Болду эми көздөрүңдү ирмегилей бербей, бизге кошул! - деди Айганыш селейип катып калган Гүлбарчынды карап. - Денесин өпкүлө, ошенткениң буга жагат. Ал өзүн күңдөрү сылап-сыйпап жаткан бир араб канзаадасындай сезет. Туура айтамбы, Бокинтай?

- Мени беш колуңдай эле билесиң го, чиркин! - деди Болот.

- Бактың бар экен дагы, мага жолугуп калдың! - деп кыткылыктаган Айганыш ортону менен кын тилин сүргүлөдү.

Гүлбарчын селт этип өзүнө келе түштү да, жакыныраак жылып келип, Болоттун колдорун, мойнун, ийиндерин өпкүлөдү. Ал ыраазы боло кыңкыстады, ошондо Гүлбарчын анын үрптөрүн чымчыгылап, тиштегилей баштады.

- Сенин аракетиңден эмне болуп жатканын мен сезип жатам, - деп Айганыш Болоттун үстүндө ого бетер ойдолоду.

Гүлбарчын кынга сүңгүп кетип, кайра баш бага калып жаткан котосту кызыга карап турду. Бир убакта Айганыш тыбырчылап, тигинин үстүндө секире баштады.

- Оо, кандай катуу! Кандай жыргал! Гүлбарчын, калтасын ушалачы! Бекемирээк кыссаң! - деп сүйлөндү.

Гүлбарчын алардын бир капталына өтүп, жөргөлөп барды, бири-бирине өйкөлүп жаткан эки чаткаякты карап турду да, керебеттен түштү. Тизелеп отура калып, курбусунун көчүгүнүн астынан Болоттун котосун тапты. Айганыштын далысына эмчегин такап, манжаларынын учу менен Болоттун ташагын сыйпалады. Болот буттарын тыбыратып жиберди - Гүлбарчын бир салаасын анын арткы тешигине тыгып, калганы менен калтасын мыжыккан. Айганыштын кынындагы котос катуу силкинип алды. Болот карылдап:

- Ох! Жыргал ай! Кандай сонун! - деп кыйкырды.

Ал Айганышты көчүктөн алып, өйдө кылды да, кайра кертмегине катуу жулкуп отургузду. Айганыш бакырып алды. Анан артына бурулуп, Гүлбарчынга:

- Болот күүгө келген буурадай болуп бүтүп жатат, менин ичиме бир литрдей эрендик төктү окшойт. Котосунан сызылып агып, калтасына жабылганын көрдүңбү? Аспабы титиреп жатканын сезип жатасыңбы? - деди.

- Ооба, - деп жооп берген Гүлбарчын манжасын Болоттун көчүгүнө тереңирээк матырып: - Эрендиги дагы көп, - деди.

Айганыш көчүгүн кыймылдатып, Гүлбарчындын тирсийген эмчектерине далысын ыйкап, ырахатка балкып, онтоп, акыштап жатты. Болот көздөрүн чылк жумуп алып, бышылдап оор дем алып, эрендигин дагы эле төгүп бүтө албайт. Бөлмөдөгү абал кызый баштады.

Айганыштын кумары али кана элегин сезген Гүлбарчын бош колу менен анын эмчегин кармап, тик турган үрпүн тырмалады. Айганыш жыныс эриндерин Болоттун алигисине такап, калтырап кетти да:

- Оо кудай! Шайтан алгырдыкы десе! Гүля, сен жөн эле сыйкырчы турбайсыңбы! Мен бүттүм! - деп үнүнүн болушунча кыйкыра баштады.

Кубанычтары коюндарына батпай, үчөө тең жабыла каткырып жиберишти. Ал эми курбулар болсо азыр эле көрүнбөс чектен өтүп кеткендерин түшүнүп, бири-бирин аң-таң боло карашты.

- Гүлбарчын, мен биздин көз карашыбызды айттым! - деди туталанган Эркин Жетигенов.

- Уксаңыз, маселенин баары Айдай Сарыгулованын январда араң бошорунда болуп жатпайбы. Тасмаларды тартканга жарым жыл кетет. Демек, сериалды биз жайында гана көрсөтө алабыз! - деди Гүлбарчын.

- Андай болушу мүмкүн эмес экенин өзүңүз деле менден жакшы билесиз го, - деп бир аз капа болгондой сүйлөдү Эркин. - Жайында элдин баары көлдө же тоодо болот. Телевизорду эч ким көрбөй калат. Бул учурда жадагалса популярдуу көңүл ачуучу берүүлөрдүн да рейтинги төмөндөйт. Ага жараша, жарнама берүүчүлөр да жарнаманын баасын төмөндөтүшөт. Жок, жай мезгили болбойт, анда биз бул сериалдан ойдогудай киреше алалбай калабыз.

- Мен деле сиздин оюңузга кошулам, - деди Гүлбарчын, ал терезеден жамгыр тамчылап жаткан сыртты карап улутунуп алды. - Бирок мени да түшүнсөңүз боло! Аттары эле ийгилик, түмөн акча алып келе турган эки жылдызды кайдан табам? Сериалды кышында алгыңыз келсе, ортозаар актерлорго макул болуңуз.

- Бакыт Макешов менен сүйлөштүңүзбү? - деп сурады бир саамга унчукпай калган Эркин Жетигенов.

- Ал башкы эркек каармандын ролун аткарууга көшөрүп макул болбой койду, - деп жооп берди Гүлбарчын, анан кайра терезеге тигилди.

Маңдайдагы үйдөн орто жаштагы бир аял итин жетелеп чыкты. Жүндөрү үксөйгөн ити карагайга чуркап келип, арткы бутун көтөрүп, ансыз да суу болуп бараткан жерди суугарып койду.

- Абдан өкүнүчтүү, - деди Эркин. - Аны менен байланышты үзбөй койо туруңуз, макул болуп калгысы бардыр. Сиздин телефон чалышыңызды күтөм. Жакшы калыңыз!

Гүлбарчын трубканы коюп, үстөлдүн үстүндө жаткан актерлордун телефон номурлары жазылган журналды ойлуу карады. Ал аны экинчи жолу барактап чыкты, бирок сериалдагы башкы ролго ылайык келе турган бирөөнү да тапкан жок.

Бермет Жакыпова деген актриса сценарийди окуп көрүп жактырды, бирок анын аты-жөнү анчалык деле таанымал эмес, ошондуктан ийгилик алып келбейт деп Эркин Жетигенов жаратпай койду. Аны алса да Бакыт Макешов менен гана аларын айтты. А тиги неме болсо такыр эле көнбөй жатат. Аны да түшүнсө болот, бардык эле актерлор өз аброюн сактаганга, элдин сый-урматынан айрылып калбаганга аракет кылышат. Телевидениеде ар кимиси өз ордун жоготуп албайын деп жанталашат. Атактуу актерлор канчалык көп катышса, көңүл ачуучу берүүлөрдүн рейтинги ошончолук көкөлөйт. Студиялардын жетекчилери, башкы режиссерлор, ага менеджерлер - баары жакшы маяна алган кызмат орундарынан кол жууп калыштан коркушат. Албетте, кээде бир да жылдыз катышпаган сериал аябай популярдуу болуп чыга келет. Бирок мындай нерсе дайыма эле боло бербейт. Көмүскө салгылаштын далайын башынан кечирген Гүлбарчын эртеби-кечпи маселе сөзсүз чечилерин билчү, бирок азыр айласы түгөнүп турган чагы.

Ушул аптада ал абдан чарчап калды. Бүгүн жума күнү эс алып, көңүл ачкысы келди. Айганышка телефон чалып эч алалбай койду, үйүндө телефонго эч ким жооп бербей жатты. Анан бир убакта курбусунун "Болот менен Францияга учканы жатам" дегени эсине түштү. Качан келерин айткан эмес, а Гүлбарчын болсо, шейшемби күнү кечинде болгон окуяны талкуулагысы келип чыдамы кетип жаткан. Ошол эстен кеткис топтошкон секстен кийин ал денелик да, эмоционалдык да жактан аңгырап ээн калгансып, көпкө чейин өзүнө келалбай жүрдү.

Ал өзүнөн-өзү болуп кеткен адепсиз жоругун эстеген сайын уялып да, ишене албай да жатты. Мурда секс анын жашоосунда өзгөчө роль ойночу эмес, аны кызыктуу деп деле эсептебеген, ошондуктан ал жөнүндө анда-санда гана ойлоп койгону болбосо, көңүл бурчу эмес. Шейшембидегидей жагдайлар да анын турмуш жолунда кездешкен эмес. Кездешкен күндө да Гүлбарчын андан тезирээк качып кетүүгө аракеттенмек, адеп-ахлактык гана жагынан улам эмес, секс ал үчүн эч кандай мааниге ээ болбогонунан да ошентмек. Төшөк Гүлбарчындын эркектер менен болгон мамилесинин бир гана бөлүгү болчу, ал эч убакта дене кумарын кандыруу үчүн гана эркек менен байланыш түзчү эмес.

Мына ошондуктан мына азыр ал болгон ишенимдеринин баарынан чегинип, анысы аз келгенсип, бул жоругунан ырахат алууга да үлгүргөн соң, ошол адаттан тышкары окуя жөнүндө эстеген сайын жүрөгү сайгылашып кетип жаткан. Ал мурунку жандүйнөсү талкаланып, абийиринин барчаланган майда бөлүкчөлөрүн карап алып, үрөйү учуп, кантип ушуга жол бердим деп башын мыкчып отурду. Андан да жаманы, мурдагы ички дүйнөсүнүн талкаланган калдыктарын бириктиргиси келбей турганы эле. Сезимдик жыргалынан куржалак өткөн өмүрүнө кайтып баргысы келбеди.

Жаңыдан биле баштаган сексуалдык тажрыйбасы анын алдында башкача, жарык жана көп жыргалды убада кылган дүйнөнү ачып, ал да күчтүү сезимдерге кабылууга жөндөмдүү экенин айтып турган. Ыйкагычты колдоно коем деп эле ушунча өзгөрдүбү, өзү да түшүнө албайт. Ал Гүлбарчындын денесине гана таасир этпестен, аң-сезимин да өзгөртүп салды окшойт.

Ыйкагычты колдонуп жатканда ал буга чейин денесинин суроо-талаптарына бекер эле көңүлкош болгон экенмин деп өкүнүп алган, анан бул олуттуу маселени чечпесем болбой калды деп шымаланган. Ыйкагычты колуна алуу менен ал төшөк маселелерин чечүүгө даяр экенин жана мындан ары ага маанисиз, экинчи катардагы нерсе катары мамиле жасабайм деген бүтүм чыгарган. Ошол учурдан тартып секс акедей асылган эркектерден кутулуунун жолу жана кызматтан жогорулашынын тоскоолдугу болбой калды. Буга чейин жогору жактан бир-эки чоң көз артып, тымызын сөз ыргытканда ыргып-секирип, каршы болгонунун айынан майлуу жерден куру калган, бирок эми деле пайда көрүш үчүн денесин сатып, көңүлүнө туура келбеген бирөө менен жата калайын деген ниети жок. Андай балакеттен Кудай сактасын, баштагыдай эле ишиндеги ийгиликтерине ак эмгеги менен жеткени дурус ко.

Бирок ушуну менен эле бул маанилүү жана олуттуу маселе чечилип калган жок. Буга Айганыш да аздыр-көптүр өз салымын кошту. Секелек кезинен бери билген курбусу анча өзгөрбөптүр. Университетте окуп жүргөндө өзүнүн жанын кыйнагысы келбеген ал эми деле мээнеткеч болуп кетпептир. Илимий даража алууга бүт күчүн, акыл-эсин жумшаган Гүлбарчындан айырмаланып, курбусу чырайлуу жүзү менен келишкен денесин пайдаланып, көзүнүн кареги менен тең айланып, артынан чуркаган жоон топ эркектерге каалаган нерсесин жасатып алчу. Гүлбарчын болсо, тескерисинче, жалмаңдаган жадатма жигиттер ийгилигиме жолтоо болот деп алардан батыраак арылууга аракеттенчү. Анын аялуу жерине жеткен аз сандаган бактысы тоодой "баатырлар" тезирээк эле өз кумарын кандырууга жанталашып жатып, Гүлбарчынды унутуп да калышчу. Эркектерге болгон жагымсыз көз карашы жана алар менен төшөккө жатып же бир түзүгүрөөк ырахат ала албаганы көп жылдар бою аны туткундап келгени да таң калыштуу эмес.

Мына эми ийгиликтүү карьерага, элдин сый-урматына ээ болгон учурда Гүлбарчын эч бир жанын кыйнабаган курбусу алдыга озуп кеткенин баамдады. Бишкектин борбордук бөлүгүндө үч кабаттуу заңгыраган үйү, шкаф-шкаф толо акыркы модадагы кийим-кечеси жана банкта каражаты бар. Жана эң негизгиси - ал башкаларга окшоп, кымырып-кысынбай гүлдөн-гүлгө конгон көпөлөкчө сайран куруп жашап келет. Албетте Гүлбарчындын мындан аркы жашоосуна ал да бир топ таасир этээри шексиз.

Ошентсе да, алардын азыркы мамилелеринде Гүлбарчынга түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Университетте чогуу окуп, бир бөлмөдө жашап жүрүшкөндө кечээкидей көз карашын бир да жолу көрбөптүр. Ажарлуу кара тору курбусун бетинен сылап, эмчектерин кармагысы же эрдинен өпкүсү келчү эмес. Бул эмнеси? Ошол учурдагы төшөк оюндарынын таасири менен өзүн кармана албай калса керек. Экөө тең ошодо абдан дүүлүгүп турушкан, ошондуктан өз денелерине ээ боло албай калышты да. Бирок жүрөгүнүн тереңинде мындай чечмелөө аны канааттандырбай турду.

Телефондун чырылдаган үнү ойлорун бузуп жиберди. Актерлорду тандоо боюнча жооптуу жардамчысы чалып жатыптыр. Аны менен сүйлөшкөндөн Гүлбарчын жеңилдеп кеткен жок - ал да Бакыт Макешов гана алардын акыркы үмүтү экенин дагы бир ирет кайталады.

Гүлбарчын трубканы койору менен телефон кайра шыңгырады.

- Салам!

Ал Медерди үнүнөн тааный коюп, демин ичке тартып:

- Салам! Кандайсың? - деп сурады.

- Жакшы. Өзүңдүн иштериң кандай?

- Тилекке каршы, анча жакшы эмес.

- Эмне болду? Мүмкүн жардам берермин?

- Бере албайсың го. Бакыт Макешовго таасир эте турган тааныш-туунуштарың эле болуп калбаса.

- Аның ким эле? - деп таң калып сурады Медер.

- Болуптур, эми. Ал менин маселем, - деди Гүлбарчын.

- Эртең Жамбылга кетип баратам деп айтып койоюн деп эле чалгам сага.

- Жакшы жетип ал! Ишиңе ийгилик! - деп Гүлбарчын бир аз ичи ачышып айтты.

- Бирок бүгүн кечинде жолуксакпы дегем. Башка пландарың жок беле?

- Жок.

- Демек, жолуга алат экенбиз да?

- Ооба, албетте.

- Мүмкүн биринчи тамактанып аларбыз?

- Антсек деле болот, - деп жооп берген Гүлбарчын бышкырып күлүп жибере жаздады.

Медер ага эмне максат менен жолуккусу келгени айдан ачык эмеспи.

- Демек, кечинде чогуу болот экенбиз да? - деп суроосун кайталады Медер.

- Ооба, - деп жооп берди Гүлбарчын, эмнеге кайра сурап жатканын түшүнө албады.

- Анда мен сага кире кетейин. Дарегиңди айтып койсоң.

- Жаз! - Гүлбарчын ага дарегин айтты.

- Саат сегизде барсам жарайбы? - деп сурады Медер.

- Жарайт!

Ал трубканы коюп, биринчи сериалы тартылып бүткөндө өзүнө белек кылып сатып алган күмүш чынжыр кол саатын карады. Такси кармап алып, дүкөндөрдү кыдырганга убактысы бар. Медер менен жолугушууга жупуну көйнөк кийип баргысы келген жок. Алакандарын ушаласа алар нымдалып калыптыр. Дем алуусу тездеп, сандарынан суусу агып кеткенсиди. Гүлбарчын өзүнчө жылмайып алып, ваннага кетти.

5-бөлүм

Жанында көптү билген курбусу жок, Гүлбарчын толтура акча менен убакыт коротту, бирок эки гана көйнөк сатып алганга үлгүрдү - бирөө классикалык кара көйнөк, "Арманиден", экинчиси - кызыл, "Жозеф" фирмасыныкы. Жана дагы бири кызыл, бири кара эки туфли, ич кийим сатып алды. Айганыш буларды көрсө же ыраазы боло жылмаят эле, же мурдун чүйрүп тескери бурулмак.

Үйүнө келип, жаңы сатып алган кийим-кечесин керебетке жайып алып, көпкө карады, анан жолугушууга кызыл көйнөгүн кийейин деп чечти. Жумшак жибек кездеме денесине чапталып, баскан сайын шытыраган дабыш чыгат.

Ачык жакасынан татынакай төшү жарым-жартылай көрүнүп, ийиндериндеги ичке кармагычына майда жылтырактар чапталган. Анын астынан агыш тартмалары бар чулки, ак эмчек кап менен ак турса кийди. Кара көйнөгүнө да ушул сыяктуу буюмдарды алган, бирок алар кара түстө болчу.

Жети жарымда бети-башын бойоп, чачын тарап, уктоочу бөлмөсүндөгү күзгүнүн алдында жаңы кийимдерин кийип көрүп жатты. Тордолгон эмчек кап эмчектерин дөмпөйтүп, өйдө көтөрүп, ортосундагы чуңкурча тереңирээк көрүнүп калды. Тордолгон бел кур менен ага кыпчытылган тартмалар сандарды бекем кармап турган колго окшойт. Чулки сандарын ого бетер көрктүү көргөздү. Аппак турсасынын ичке аласынан жыныс эриндери жалжайып тирелип турду.

Бул комплектти кийгенде да Гүлбарчын өзүн Айганыш белек кылган ич кийимди кийгендегидей сезди. Турсасын кие электе да, кийгенден кийин да ал өзүн денесин саткан сойкуларга окшоштурду. Өмүр бою буттарына тырыштырган калың колготки кийип көнүп калган Гүлбарчынды эми күзгүдөн өзү эмес эле, таптакыр башка аял карап тургандай болду.

Саат сегиз болгондо сырткы эшиктин коңгуроосу кагылды. Гүлбарчын уктоочу бөлмөсүнөн чуркап чыгып, кире бериштеги күзгүгө каранып, чачы-башын түздөдү да, эшикти ачты.

- Салам, канышам! - деп корулдады Медер мээримдүү жылмайып.

Ал жарашыктуу көк күрмө, көгүш көйнөк кийип, сары-көк сызыктуу галстук тагынып алыптыр.

- Кир! - деди толкундана түшкөн Гүлбарчын, анан сыйлуу мейманын конок үйгө баштап жөнөдү.

Жамгыр эчак басылган, терезенин түбүндөгү дарактын жалбырактарына токтогон тамчылар жылтылдап үйдүн ичиндеги жарыкка чагылышат.

- Бирдеме ичесиңби? - деп сурады Гүлбарчын коногунан.

- Коньягың барбы? Муз менен болсо дурус болот эле! - деген Медер креслого боюн таштады.

- Азыр алып келем! - деп Гүлбарчын ичимдик алып келиш үчүн ашканага кетти.

Медер менен биринчи жолугушкандагыдай болуп аны абдан каалап турган. Бул лөкүйгөн кишинин карылуу кучагында ал өзүн алсыз, кичинекей сезип, ага болгон эңсөөсү күч алып кетчү.

Конок үйгө кайтып келсе, коногу терезени тиктеп отуруптур.

- Бакты ким карайт? - деп сурады ал.

- Багбан, - деп жооп берди Гүлбарчын. - Ал жумасына эки жолу келип турат. Өзүм болсо эч бошобойм.

Ал Медерге төрт бурчтуу муздар кылкылдаган коньягы менен бокалды сунду. Өзүнө ак шарап куйду.

- Жолугушканыбыз үчүн! - деди Медер.

Алар бокалдарын кагыштырып, ичип жиберишти.

- Мага бир аз убакыт тапканыңа рахмат, - деди Медер. - Чынын айтсам, өткөн ишембидегидей окуя мени менен биринчи жолу болушу. Болот болбогондо мен андайга барат белем, айталбайм.

- Сен эмне, эч качан аялды ресторанга чакырган эмес белең? - деп сурады Гүлбарчын Медердин эмнени айтып жатканын түшүнбөй.

Медер күлүп жиберди:

- Туура айтасың, баарын татаалдаштыруунун кереги жок! - Ал коньяктан ууртап, эрдин жаланып, кошумчалады: - Гүлбарчын, мен Болот сага окшогон аялды чакырат деп ойлогон эмесмин.

Гүлбарчын креслонун жөлөнгүчүнө көчүк басып, Медердин санына колун койду, калтасын кармап жибере жаздап, араң токтоду.

- Кандай аялды көрөм деп ойлодуң эле?

- Мм, төшү чоң, буттары узун, көздөрү уятсыз бир кыз келет го дегем, - деди Медер бираз тартына.

Алардын маеги бир кызык болуп баратты. Медер табышмактатып жатпаса деле Гүлбарчын аны түшүнгөн жок. Анын оюна койсо ар кайсыны сүйлөшүп отурбай эле чечинип келип, Медердин тизесине отурмак. Медер чөнтөгүнө колун салып, капчыгын алды. Анын ичинен белинен резинка менен кыпчытылган беш жүз сомдук бир тутам акча алып чыкты.

- Бул маселени дароо эле чечип алганыбыз оң болот го дейм, - деп ал Гүлбарчынды карады.

Гүлбарчын акчаларды бир карап, анан Медерди бир карап, баарын түшүндү. Көрсө Медер аны Болот сатып келген кымбат баалуу сойку деп ойлоп алган тура. Гүлбарчындын төшөктө тайманбаган ишенимдүү кыймыл-аракети анын бул оюн ого бетер бышыктап койгон. Эң сонун! Эмне үчүн тамактанып отурганда ал Гүлбарчынды жумушу жөнүндө сурабаганы эми түшүнүктүү. Телевидениеде иштейм деп тамашалап койду го деп ойлогон тура.

- Сага канча карызмын? - деп сурады Медер.

Гүлбарчын же ыйлаарын, же күлөөрүн билбей мостоюп туруп калды. Төлөп берем деп жулкунганына караганда төшөктө муну укмуш эле кандырган го кайран өзү. Эми эмне кылыш керек? Мунун арты кандай болор экен? Чынын айтса, Медер уялып кетип калат, өзү болсо кумары канбай жалгыз кала берет. Бул түшүнбөстүктө Медердин кенедей да күнөөсү жок, кептин баары Айганыш менен Болотто. Анын ким экенин Медерге башында эле айтып коюшпайбы! Эми ал экөө менен кийинчерээк сүйлөшөр.

Гүлбарчын дал ошол уят-сыйытты билбеген сойкуларча уятсыз көздөрү менен Медердин кой көздөрүнө тике карап, мылжыйып күлүп, колу менен анын котосун мыкчыды. Анысы сүйүнүп кетип, силкине түштү да, жооноюп, узара баштады.

- Бүгүн сенден акча албай эле койоюн деп чечтим, - деген Гүлбарчын Медердин кооп калган котосун алаканына кысты. - Экөөбүздүн өткөн жолку төшөктө оонаганыбыз мага абдан жакты!

Ал каткырып күлдү. Азыр кандай сөз айтса да Медер баары бир анын сөзүн түз мааниде кабыл албай, адатынча өз баасын көтөрүп жатат деп ойлой берет эмеспи. Гүлбарчын анын шымынын сыдырмасын сыдырып, ысык, какайган котосту көргөндө өзүнүн да кын тили сайгылашып кетти. Бирок Медер аны билектен алып:

- Жок, азыр эмес! - деди.

- Эмнеге? - Гүлбарчын ачык кызыл түскө бойолгон эриндерин чормойтуп таарына түштү. - Мен жөн эле экөөбүздүн маанайыбызды бир аз көтөрүп койоюн десем.

- Ачыгын айтсам, Гүлбаржан, мен сага дагы эле көнө албай сүрдөп жатам, - деп болгонун болгондой айтты Медер. - Буга чейин мындай нерсе болгон эмес дебедимби.

- Чын элеби? Сойкуларга барчу эмес белең? Анда эмнеге мага келдиң? - деп сурады Гүлбарчын.

Медердин эки бети кызарып кетти, анан ал абдан олуттуу түр менен:

- Сен мени сулуулугуң менен арбап алдың! - деди.

Дагы бир нерсени аягына чейин айтпай жаткандай туюлду Гүлбарчынга.

- Ошол элеби? - деп сурады ал.

- Бул жөнүндө ананыраак сүйлөшөлүбү?

- Мейли, сен каалагандай болсун. Медер, сен өзүң да келишимдүү эркексиң! Мен да сени аябай жактырып калдым.

Гүлбарчын ордунан турганда, бутундагы тыкыс тартмалары менен чулкилери тартыла түшкөнүн байкады.

- Кайда барабыз? Ресторандан үстөл заказ кылдыңбы?

- Ооба, саат тогузга. Андан кийин менин мейманканадагы бөлмөмө барабыз.

Ошентип айтып алып, ал кайра кызарып чыкты.

- Абдан жакшы! - деди Гүлбарчын. - Сен каалагандай болсун.

Бир тутам акча дагы эле үстөлдүн үстүндө жатат. Сойку кардарына акчасын кайтарып бермек беле деп ойлогон Гүлбарчын аны алып, сумкасына салып койду.

- Мунуң таксиге төлөгөнгө жетер дейм, - деп койду кебелбей.

- Пачкада канча акча бар экенин билгиң келбейби? - деп сураган Медер тамагына бирдеме кептелип калгансып, тамагын кырып, жөтөлүп алды.

- Анан санап алармын, - деп жооп берди Гүлбарчын. Өзү болсо, анан төшөккө жатарда акчасын берип коеюн деп ойлоду. - Эмне, кеттикпи? - деп эшикти көздөй бет алды.

Медер өзүн кайраттандыргансып, башын чулгуп койду да, анын артынан тышка чыкты. Көчөдө, бир кезде Болоттун "Мерси" турган жерден кычыраган кызыл "Ягуарды" көрдү. Кара униформачан жана өтүгүн жылтырата майлаган шопур сылык учурашып, машиненин арткы эшигин ачты.

- Кутмандуу кечиңиз менен, - деп күлүмсүрөп алик алган Гүлбарчын булгаары жыттанган орундукка отурду.

Медер каптал жагындагы топчуну басып, желдеткичти иштетти.

- Гүлбарчын, жумушуң жөнүндө сурасам капа болбойсуңбу? - деп Медер анын оң колун алаканына кысып, жер тиктеп, акырын сурады, машине ордунан козголор замат.

- Жок, сурай бер. Менин жумушум жөнүндө эмнелерди билгиң келет?

- Жумушуң эмес, сен жөнүндө көбүрөөк билгим келет, - деп шашып кеткен Медердин эки бети, мойну кайра кызара баштады.

"Дегеле уялчаактыгын көр, оштуктардын баары эле ушундай болот болду бекен?" деп ойлоду Гүлбарчын.

- Сени кийинки жолу келгенде кайдан тапсам болот? Такай тура турган "точкаң" барбы? - деп суроосун улантты Медер.

- Жок, мен жөнөкөй сойкуларга окшоп көчөдө турбайм. Анткени, алардан айырмаланып, жалаң тандалма бай кардарларды гана тейлейм. Ошонун ичинен да көңүлүмө жаккандары менен гана экинчи ирет жолугушууга макул болом, - деп Гүлбарчын оюнан чыгарып, калпты апырта согуп баратты. - Менин кызматымдан такай колдонуп турган үч-төрт кардарым бар, ошолор эле жетишет мага. А тиги көчөдөгү байкуштар жарыбаган акча үчүн итбай-чотбайдын баары менен жатат эмеспи. Сен андайларга барган эмес белең?

- Жок, бармак тургай аларды көргөн да эмесмин. А менчи, мен сага жактымбы? Кийинки жолу жолугушалы десем макул болосуңбу? - деп Медердин чын эле берилип сурап жатканын көргөн Гүлбарчын каткырып жибере жаздап араң отурат.

- Гүлбарчын деген өзүңдүн чын атың да, ээ? Айтайын дегеним, андайлар каймана ат ойлоп таап алышат деп уктум эле да.

- Өзүмдүн эле атым. Эмне, паспортумду көрсөтөйүнбү?

- Жо-жок, көрсөтпөй эле кой. Мен жөн эле сурадым, - деп Медердин кайра дагы эки бети албырып, шаштысы кетти.

- Болот сага мен жөнүндө эмне деди эле? - деп сурады Гүлбарчын - Бир сулуу аял менен тааныштырып кой деп өзүң сурандың да, ээ?

- Жок! Аны мага өзү сунуш кылды! - деп жиберди Медер. - Ал ресторанга барып, ажарлуу айымдар менен отуруп келебиз дегенде мен баш тарта алган эмесмин, бирок барганыма өкүнгөн да жокмун.

- Бирок ал эмнеге анчалык эле жасакерленип жанталашып жатты? Андай адамдар эч кимдин алдында антпейт го деп ойлогом, - деп сурады Гүлбарчын.

- Ал менин көңүлүмдү алгысы келген, - деп аргасы жок түшүндүрө баштады Медер. - Ишкер чөйрөдө ошондой ыкма бар жана Болот аны такай пайдаланат. Ал дайыма ишкер өнөктөрүнүн көңүлүн ачып, жарпын жазып, анан иш баштайт. Албетте, анысынан сөзсүз пайда көрөт! - Ал каткырып күлдү.

- Мен да ошондой деп ойлойм, - деп Гүлбарчын да кыткылыктап күлдү.

Айганыш Болотко ал жөнүндө эмне деп айтканын териштирүүгө аракет кылып жатып, кымбат баалуу сойкунун ролун аткаруу ага жагып баратты. Бул түшүнбөстүк эмнеден улам келип чыкканын билиш керек да!

Гүлбарчынга кымбат баалуу сойкунун ролун аткаруу жагып турду, бирок ошентсе да курбусу Айганыш Болотуна ал жөнүндө эмне деп айтканын сөзсүз билгиси келди. Антпесе бу түшүнбөстүктүн түпкүлүгү кайдан экенин баары бир билиши керек да.

Көп өтпөй "ягуар" Ахунбаев көчөсүндөгү "Кербен" мейманканасынын тушуна келип токтоду. Жалпаңдаган эшикага чуркап келип, машиненин эшигин ачты. Гүлбарчын жолдун чекесине түшүп, Медерден:

- Сен ушул мейманканада турасыңбы? - деп сурады.

- Туура таптың, - деп жооп берди Медер.

- Абдан ыңгайлуу тура, - деп Гүлбарчын аны жайбаракат колтуктан алды.

Айганыштын ушинткенин көргөндө дайыма таң калчу эле. Курбусун туурап, Медерге кынала жабышып, көчүгүн чайпап басып баратты.

Мейманкананын чатырында жайгашкан ресторандан "Ата-Түрк" сейил багы алаканга салгандай көрүнөт экен. Залдагы эмерек мейманкананын жогорку деңгээлине жооп бергидей: жумшак калың кездеме капталган отургучтар, саргыч дасторкондогу идиш-аяктар ар бир үстөлдө жагылган шамдарга чагылышып жылтылдайт. Ушунун баарысы айланада бейкапар жана жайлуу атмосфера түзүп, шаардын тынбаган кымгуут унаасын, быкылдаган элдин агымын заматта унуттуруп салат экен. Алтургай бул жакка келгендер анча-мынча түйшүгүн да эстен чыгарып, жай музыкага мемиреп отуруп калат тура. Медер сунган чоң чайпулду төш чөнтөгүнө сала койгон метрдотель аларды терезелери "Салкын-Төр" дүкөнүнүн жаркыраган жарыктарын караган бурчтагы үстөлгө ээрчитип барды.

Гүлбарчын джин кошулган кургак мартини ичем деди, Медер болсо ичимдиктерди аралаштыргысы келбей, музу менен коньяк заказ кылды.

- Сен мени кечки тамакка чакырбай деле койсоң болмок, - деди Гүлбарчын. - Дароо эле бөлмөңө барбайт белек.

- Бул кечти романтикалуураак өткөргүм келди, - деди Медер. Ал дагы эле апкаарып жатты окшойт. - Мындай окуяларга эч качан тушуккан эмесмин дебедимби жана, - деп кабагын бүркөп кошумчалады ал.

- Үйлөнгөнсүңбү? - деп сурады анын аты жогундагы нике шакегин байкаган Гүлбарчын.

- Аа, муну жөн эле тагынып алгам, - деди Медер жылмайып. - Нике шакеги, көз айнек, галстук дегендин баарын аброй үчүн эле тагынууга туура келет. Анын үстүнө, биз тарапта үйбүлөлүү болсоң башкача мамиле жасашат.

- Эмне, бойдоксуңбу? - деп Гүлбарчын таң кала кашын серпти.

- Ооба. - деди Медер.

- Колуктуң да жокпу? Койчу, ай! Аныңа ишенбей турам!

- Мен көп иштейм, ишке алаксып жүрүп, күндүн кантип өтүп кеткенин да билбей калам. Келечек жөнүндө ойлогонго убакыт жок, ушинтип эле жүрөм. Ошто болсо, үй-жайды апам менен үй кызматчым карашат. Бир чети ошого көнүп да алдым. Үйбүлөм болсо минтип жайбаракат жүрө алат белем, ким билет!

Официант алар заказ кылган ичимдиктер менен тамак-ашты алып келди: кой этинен жасалган куурдак менен деңиз капустасынан салат. Бирок кечтин программасына секс сөзсүз кирерин ойлогондо Гүлбарчындын табити бузулду. Ал өзүнүн жылаңач сандары менен ич кийимин эстегенде тамакка көңүлүн топтой албай жатты. Бул жүгөн анын денесин кысып, ал азыр телевидениедеги продюсер эмес, бир тутам акчасын сумкасына салып алып, бай кардарын тейлеп жаткан кымбат сойку экенин эске салгансыйт. Улам эле Медерге акчасын берип, болгонун болгондой түшүндүрөйүн дейт, бирок ичине кирип алган шайтан анткенге жол бербейт. Ошондуктан ал отургучунда акырын ойдолоп коюп, коктейль ичип отурду.

Кофе менен десерттен баш тартты, бирок коньяк ичүүгө макул болду. Медер официантты чакырып, "Эне-Сай" коньягынан үч жүз грамм жана ак шоколад заказ кылды.

Бир рюмка коньяктын артынан шоколад жеген Гүлбарчын алаканын Медердин колуна коюп:

- Сеникине барсак кантет? - деп сурады.

Гүлбарчын тезирээк эле анын килтейген котосу кынына аңыраңдап кирип барып, жатынын тиреп калса деп каалоосу ашып-ташып, чыдамы кетип турат. Буга чейин төшөктү ушул азыркыдай самаган эмес, "мурда эле ушинтип сойкунун ролун аткарсам болмок экен" дейт ичинен.

- Эми, чыдамың кетип калса, жүр, - деп күбүрөдү Медер.

- Экөөбүздүкү бирдей кетти го деп ойлогом, - деди бир аз таң калган Гүлбарчын. - Же тамагыңды аш кыла албай жатасыңбы?

- Жок, баары жайында, жүрү! - бул жолу Медердин үнү ишенимдүүрөөк чыкты.

Күмүш табактагы эсепке кол коюп, Гүлбарчын менен чогуу ордунан турду.

Анын бөлмөсү алтынчы кабатта экен. Медер капчыгынан пластик картаны алып чыгып, эшикти ачты да:

- Төргө өт! - деп коногун алдыга кое берди.

Кире бериштеги полго мрамор плиталары төшөлгөн. Медер эшикти жабары менен Гүлбарчын бутунун учуна туруп, аны эрдинен өптү. Ошол замат Медердин котосу курсагына такала түштү.

- Мен сени аябай каалап жатам! - деп шыбырады Гүлбарчын анын кулагына.

Медер улутунуп алды да, эшиктердин бирин буту менен тээп ачып, Гүлбарчынды караңгы бөлмөгө көтөрүп кирди. Аны керебетке жаткырып, керебеттин баш жагындагы лампаны жандырды. Анан Гүлбарчындын көйнөгү түрүлгөндө агарып көрүнүп калган сандарын карап койду. Чулки кийип алганына таң калды окшойт. Ал эрдин чайнап:

- Чулки менен алдыгындай курду дайыма тагынасыңбы? - деп сурады.

- Ооба! Сага жактыбы?

- Мага сенин буттарың жакты, - деп Медер күрмөсүн чечип, керебеттин кырына көчүк басты.

Бөлмө жашыл түстө жасалгаланыптыр: ачык жашыл түстүү обойлордо майда жазгы гүлдөр жайнайт, полдогу килем өзүнчө эле жайкалган жашыл шиберди элестетет, ал эми пардалар менен жабуулардын өңү күңүрт жашыл.

Төшөк оюндарында көп тажрыйбасы жок экенине Гүлбарчын өмүрүндө биринчи жолу өкүндү. Ал көпкө чейин эсинен кеткис кылып, береги оштук жигиттин оозун ачыргысы келип турду. Ал тизелеп туруп, Медерди эки колу менен ийинден алып, чалкасынан жаткырды да, шымынын сыдырмасын сыдырды. Турсасынан кагылган казыктай какайган килтейген котосу жылмакай башын жылтыратып чыга калды.

Гүлбарчын эңкейип, котостун баш жагын абайлап жалап барып, анан аны катуулап соро баштады. Медер селт этип силкинип алып, таттуу онтоп кирди. Котос барган сайын жооноюп, узарып баратты. Көп өтпөй Гүлбарчын аны чопулдатып сормок тургай дем алалбай да калды, дардайган котос анын оозун кулагына чейин керип, баш жагы тамагына барып такалды. Гүлбарчын аны жутуп эле алайын дейт, бирок какап каламбы деп коркту.

Эртеден бери Гүлбарчындын мазесин алган эркектин денесиндеги сыйкырдуу аспап жөнүндөгү кыялдары акыры иш жүзүнө ашып турган чагы. Жанатан бери көз алдынан кетпей, тамак да жедирбей, ары-бери ойдолоого аргасыз кылган зиңкийген жылмакай котос да аны көргөнүнө сүйүнүп, жан-алы калбай эдиреңдеди. Ал силкилдеп кеткен сайын, Гүлбарчындын оозу кычкыл даамдана түшөт. Соңунда катуулап соруп алып, анан барпаң башынан өөп туруп, колуна бекем кармап, бош колу менен аласындагы турсасын бир жагына тартып, какайган аспапка отура кетти.

Шилекейленген котос анын сууланышкан кынына жеңил кирип барып, ичине толуп калганда Гүлбарчын жыргай түштү. Түркүн түстүү сексуалдык фантазиялардын айынан да ушинтти окшойт. Өзгөчө кийим-кечеси да денесине чапташып, эчак эле дүүлүктүрүп салган. Бирок андан да кызыгы, ал кайрадан беш көкүл кыз кезине кайрылып баргандай болуп, тыю салынган нерсени жасап жатканы үчүн секелек кызча кудуңдап сүйүнүп жатты.

Мээнин жетегинен чыгып, жибин үзгөн азоо байталдай болгон дене котостун үстүндө ийнеге сайылган көпөлөкчө тырпырап-тыбырчылады. Кыны кертмекти жакшылап билейин дедиби, кучагына бекем кысып, титиретип жатты. Бирок тайманбаган "таштай катуу конок" кебелип да койбоду, мындай жылуу-жумшак үңкүрдөн чыгайын деген ою да жок болчу. Тескерисинче, ал тар караңгы тоннель менен алдыга карай жүткүнүп, жатындын мойнуна барып катуу урунганда Гүлбарчын ойдо жок жерден оргазмга кабылды. Анын ысып турган тулку бою калтырап, жумшак жана аялуу жан жеринен суу агып кетти. Гүлбарчын катуу чаңырып алып, Медердин далысына тырмактарын матырды.

- Башы жакшы башталды го, - деп анысын жактыра ыңгыранды Медер. - Сен укмуш актриса экенсиң!

- Сенин аспабың мени акылдан адаштырып салды, - деп каргылдана жооп айткан Гүлбарчын өзүн карманууга аракет кылды.

Демин баскан соң ал котостон түшүп, ордунан турду да, көйнөгүнүн далысындагы сыдырмасын сыдырды. Аны ылдый шыпырып, креслонун жөлөнгүчүнө илип, Медерге бурулду. Ал Гүлбарчындын келишкен мүчөсүн, сексуалдуу ич кийимин суктана карап суналып жаткан. Карап-карап көзү тойгон соң Медер да өйдө туруп, кийим-кечесин чечип, ошол эле креслого таштады.

- Буларды да чечкени жатасыңбы? - деп сурады.

- А сен кандай дейсиң? - деп Гүлбарчын кылыктана сурады.

- Чулкиңди чечпей эле койчу!

- Оюңду билген экенмин, ээ? - деп кыткылыктаган Гүлбарчын анын котосун колуна кысты.

Медер анын эмчек кабы менен чылпылдап суу болгон турсасын чечти. Гүлбарчын туфлисин чечери менен, Медер аны керебетке жыкты.

- Эмнени каалап жатасың? - деп сурады биринчи оргазмдан кийин өзүн ишенимдүүрөөк сезип калган Гүлбарчын. - Каалаганыңды аткарам, эң адепсиз фантазияларыңды айта бер!

- Мага эмчектериң жагат! - деп корулдаган Медер аны артынан кучактап, колдору менен көөп чыккан кош алмасын мыжыкты.

Ошо маалда анын огеле чоң котосу Гүлбарчындын көчүгүндөгү чуңкурга жылмышып кирип кетти. Гүлбарчын жамбашын чайпап:

- А мен сенин айгырыңды жакшы көрөм! - деп шыбырады.

Медер аны мойнунан өөп:

- Ал да сени жактырат! - деди.

Бирок Гүлбарчынды таң калтырып, Медер айгырын анын түктүү аласына агыткандын ордуна, Гүлбарчынды өзүнө каратып:

- Гулечка, мен сага бир нерсени айтып коюшум керек.. . Эми, экөөбүз ушунча жакын болуп калган соң. . . - деп уялыңкы күңкүлдөп барып, унчукпай калды.

- Айтпайсыңбы! Каалаганың эмне? - деп жиберди анын оюндагысын биле албай чыдамы кеткен Гүлбарчын.

Анын жардамы менен кандай фантазияларын ишке ашыргысы келип жатты экен? Мүмкүн ал садисттир? Же мазохистпи? Ооба, андайлар да бар да, анан сойку болгон соң кардары эмнени кааласа аткарбаска айласы жок. Бир жолу кинодон ошондой бир кишини жанындагы шериги чыбык менен чыпылдатып сабаганын көргөн.

- Эми сенин негизги жумушуң ушу болгондон кийин менин бир өтүнүчүмдү аткарып коесуңбу деп ойлогом. Мен муну көптөн бери эле самап жүрөм, бирок буга чейин эч мүмкүнчүлүк болгон эмес, - деп мукактана сүйлөдү Медер, аябай дүүлүгүп, калчылдап чыкты. - Ошол, анан, мен сага бир пачка акчаны да бекеринен берген жокмун да. Санабай койбодуңбу, ал тиги Болот айткандан эки эсе көп болчу.. .

- Медер, уксаң! - деп анын сөзүн бөлдү Гүлбарчын. - Жакшылап түшүндүрчү, эмнени эле айта албай жатасың? Болот менен эмнеге кеңештиң? Чынын айтсам, мен.. .

- Түшүнөм, садага! - деп сөзүн аягына чыгарбай салды Медер. - Азыр баарын көрөсүң. Мен барып аны чакырып келейин.

- Кимди? - Таң калгандан Гүлбарчындын оозу ачылып калды.

- Азатты. Ал кошуна бөлмөдө. Бул жерде эки уктоочу бөлмө бар.

- Азат дегениң ким? - деп кайра сурады Гүлбарчын, жагымсыз бир нерсени сезген жүрөгү сыгылып кетти.

- Ал менин иш боюнча кызматташым. Үчөөлөп көңүл ачабыз. Макулсуңбу?

- Эмне, мени экөөлөп өпөңдөткөнү жатасыңарбы? - деп Гүлбарчын уккан кулагына ишене бербей кайра сурады.

- Ооба, жаным. Мен сага эки эсе төлөдүм го. Топтошкон секске көптөн бери катышкым келип жүргөн, Азаттын да ошондой ою бар экен. Ал жакшы жигит, экөөбүз көптөн бери таанышпыз.. .

- Бирок...

Гүлбарчындын сөздөрү тамагына тыгылып, башы айланды. Медер белине сүргү оронуп, аркы бөлмөгө чыгып кетти.

Гүлбарчын эки чыкыйын ушалап, оюн бир жерге топтогонго аракеттенди. Бөлмөдөн чыгып качып кетсемби деген ой келди. Бирок ал үчүн кийинип, өзүн тынчтандырыш керек, жүрөгү болсо дүкүлдөп, кабынан чыгып кетчүдөй жулкунат. Жадагалса кын тили да титиреп чыкты. Сууланган аласына колун салганда гана эркекти эңсеп, чыдамы кетип турганын баамдады. Ал эңсөө бүт денесине тарап, терисинин ар бир бүртүгүнө кирип, ысык толкундар толкуп барып, кынын сайгылаштырды. Акыл-эси "акчаны үстөлгө калтырып, артыңды карабай кач" деп кеңеш берип жатса да, буттары полго чапталып калгансып, ордунан жылбайт. Медердин ага денесин саткан сойкуга кылгандай мамилеси анын делебесин ушунчалык козгоп салган. Окуянын мындай нукка бурулушу сезимдерин курчутуп, нервдерин кытыгылап, ал да Медердин сөзүнөн чыкпай сойкунун ролун аткарып жатпады беле. Бирок эми тиги Гүлбарчынды досу менен бөлүшкүсү келгенде баары кескин өзгөрдү. Ал бейтааныш эркек семиз, жийиркеничтүү же ырайы суук болсо да, Медер менен макулдашкан соң Гүлбарчын аны да тейлеши керек. Демек, ал накта эле акчага денесин саткан сойку турбайбы.

Анда эмнеге ачуу чындыкты билген соң анын каны кайнаган жок? Эмне үчүн чачы тик турбады? Эмне үчүн денесин калтырак баскан жок? Анткени ал өзү да ошону самап турган. Анткени шайкелеңдик, аягы суюктук анын канында бар болчу. Гүлбарчын бул ачылышты жасаганда эки бети албырып, делебеси козголуп, муундары баштагыдан да катуу калчылдай баштады.

Бир жума мурун эле ушундай окуяга туш болсо, кийим-кечесин колтугуна кысып, бөлмөдөн атып чыкпайт беле, анан коридордон шаша-буша кийинип, бул үрөйдү учурган жерден оолак качып жөнөмөк. Бирок акыркы бир нече күндүн ичинде анда көп нерселер өзгөргөн. Азыр ал мурунку жашоосуна кайтып баргысы жана өзүн дене кумарынан ажыраткысы келбейт. Ал адепсиз жана опурталдуу жашоонун даамын татып, тобокелге салып жашаганга көнө түштү. Айганыштын аркасы менен байкабай келип калган дүйнөсү ушунчалык кооз жана кызыктуу болгондуктан, анда түбөлүккө калгысы келди. Бул дүйнөдө Болотко окшогон бай жана кудурети күчтүү эркектер менен Айганышка окшогон сулуу жана сезимтал аялдар жашашат. Бул жерде баары сатылат жана сатылып алынат, эч кандай моралдык чектөөлөр же эреже дегендер жок. Бул жерде дене жыргалын курч сезе алуу жана башкаларга ырахат тартуулай алуу баарынан бийик бааланат. Күзгүнүн артындагы "Укмуштар Өлкөсүнө" кирип кеткен Алисадай болуп, Гүлбарчын да бул дүйнө бөлүп чыгарган зыяндуу газдарга эс-мас болуп, акылдан адашып бараткансыйт.

Шейшемби күнү кечинде ал өзүн абдан жеңил жана жагымдуу сезген. Моралдык чектен алгачкы жолу аттап өтүп, ал дене кумарына балкыган жана эртеңки күнү жөнүндө ойлогон да эмес. Мына азыр дагы бир сынактан өткөнү турат, бирок бул жолу ал жалгыз, эркектер - экөө. Мындай жагдайдын арты эмне болор экен? Бул жолу да согуштан жеңүүчү болуп кайтабы же жеңилип калабы?

Гүлбарчын эрдин тиштеп, эгер Медердин досу орто жаштагы курсагы салаңдаган, кебетеси суук неме болсо, дароо кийинем да кетип калам деген чечимге келди. Андай жийиркеничтүү катынпозго ал чыпалагын да карматпайт! Эшиктин ачылышын күтүп, жүрөгү опкоолжуп отуруп калды.

Мына мрамор полду басып келе жаткан дабыштар угулду. Гүлбарчын күзгүгө каранып, саксайган чачтарын түздөмүш болду. Азыр ал сойкуга да эмес, токойду же тоо-ташты аралап жашаган жапайы катынга окшоп калыптыр. Жылаңач денеси от-жалын болуп күйүп, калтырап турат. Тирсийген эмчектери салмактанып, аласына аккан суу сандарын бойлоп сызылып жатат, жалжылдаган көздөрүндө шайтандын оту жалбырттайт.

Кирип келген эркек жийиркеничтүү абышка эмес эле, булчуңдуу, денеси күнгө күйгөн сүйкүмдүү сары чийкил жаш жигит экен. Ээктери кырдуу, чап жаак, эриндери бөрсөйүп, делебеңди козгойт. Ал ачык сары түстөгү спорттук турса кийип алган, түксүз, жылмакай төшү менен курсагындагы тарамыштары чыңалып турат.

- Гүлбаржан, таанышып ал, бул менин досум Азат, - деди Медер кебелбей.

- Салам, аселим, - деп мыңкылдаган Азат Гүлбарчынды сыдыра карап алып, Медерге бурулду да: - Мөлтүрөгөн бийкеч экен го! - деди.

Мындай кызык окуяга биринчи жолу кабылган Гүлбарчын апкаарып тилин жутуп алгансып, унчукпай отура берди. Өзүн кандай алып турушту, эмне дээрин билбейт, колун сунуп, тиги жаңы таанышкан жигиттин ал-акыбалын сурап койсобу?

Медер ага жардамга келди: белиндеги сүргүнү чечип ыргытып, Гүлбарчындын артына отурду да, белинен тартып, тизесине отургузду. Мойнунан өөп, эмчектерин кармалады.

- Сен эми акылдуу эмессиңби, берекем, - деп шыбырады ал кулагына. - Азат - мыкты жигит. Келишкен мүчөсүн карачы!

Анын котосу ойгоно баштаганы Гүлбарчынга сезилди.

- Ооба, туура айтасың, - деген Гүлбарчын буттарын талтайтып, көчүгүн кыймылдатты. Жанындагы сымбаттуу эки эркек менен бирдей кумарга батып жатканын элестетти.

"Ырас эле Медерге чынын айтпаптырмын" деп ичинен кубанды. Аягы суюк аялдын элеси анын колу-жолун бош кылып, каалаганын жасаганга шарт түздү.

Ушуларды ойлоп, өзүн-өзү кайраттандырган Гүлбарчын эч бир тартынбай эле:

- Кана жигиттер, кимиңер мени менен биринчи жатасыңар? - деп сурады.

- Азат биринчи жатсын, - деген Медер аны тизесинен ары түртүп, керебеттен турду.

Гүлбарчын тигинин көздөрүндөгү жылтылдап күйгөн кумар отун дароо байкады. Көптөн бери эңсеген кыялындагы нерсеси ишке ашканы калганын - кылышууну тирүүлөй көрүп, өзү да катышарын сезип, Медер чыдамы кетип тургандыр. Акча үчүн баарына даяр, көптү билген сойкуну таап алганына өзүн чексиз бактылуу сезип жаткандыр. Анын кебетесине көз салып турган Гүлбарчын чын эле буга чейин Медердин башынан андай нерсе өтпөгөнүнө ынанды.

Дене кумары Гүлбарчындын тулку боюн карылуу колдору менен барган сайын бекемирээк кысып баратат. Ал тизелеп отура калып, сары турсага камалган аспапты үйлөп, жезкемпирге окшоп, каткырып алып, турсанын белиндеги резинкесин ылдый тартып, тизесине чейин шыпырды. Медердикинен бир аз чаканыраак, бирок бир топ жоон кесилген котос сыртка чыкты.

Гүлбарчын аны оозуна алып, башын бир ыргакта кыймылдатып, жаактарын ичке тартып, соро баштады. Сары жигит онтоп жиберди.

- Керебетке чыгып алсаңар! - деп кеңеш айтты, баарын жакшылап көрөйүн деп жанталашкан Медер. Өзүнүн кооп калган котосун колуна мыкчып алып, ушалап жатат.

Гүлбарчын аны көзүнүн кыйыгы менен карап алып, Азаттын алигисин оозунан чыгарып, төрт аяктап турду. Бирок Азат ишке киришүүгө шашылган жок. Ал кертмегин кайра Гүлбарчындын оозуна салды. Гүлбарчын минеттин ыкмасын өзгөртүп, котостун башын жалап, түп жагын тилинин учу менен кытыгылады. Көзүнүн кыйыгы менен артына жакындап келген Медерди көрдү.

Гүлбарчын көчүгүн өйдө кылып, буттарын талтайтты. Медер аспабын анын аласына сүргүлөп, колдору менен көчүгүнүн ортосун ачты. Гүлбарчын энесинин желинин соргон жаш музоодой болуп, тиги жаңы тааныштын аспабын берилип соруп жатат. Азат катуу онтоп, жамбашын кыймылдатты.

- Кандай? Жакшыбы? - деп сурады Медер андан.

- Эң сонун! - деп жооп берген Азат Гүлбарчындын оозуна аспабын ташагына чейин тыгып жиберди.

Гүлбарчын какап кетип, көздөрү чакчайды. Ошол маалда Медер Гүлбарчындын кынына айгырын акырына чейин агытып жиберди. Гүлбарчындын көздөрүнөн от чыгып, башы айлан-көчөк болуп, кулагына эч нерсе угулбай зыңылдады.

Кызыган темирди чапкылаган усталарча, эки эркек эки жагынан тарсылдатып койгулайт. Медердин зиңкийген зор аспабы жатын мойнуна жетип барып бир урунуп, кайра артка кетип жатты. Азаттын алигисин жакшылап сороюн деген сайын, Медердин аспабы аны алагды кылып, улам жаңы сюрприздерди тартуулайт.

Көп өтпөй ГҮлбарчындын денеси адатынча оргазм алдындагыдай чыңалып, оозундагы мүчөнү кое берип жибере жаздады. Гардеробдун эшигиндеги күзгүнү карап алып, көргөн көзүнө ишенбей селейип катып калды. Далдайган эки жылаңач эркек эки тешигине дардайган котосторун тыгып жатышат. Медер котосун өзүнө тартаары менен Азат аспабын тоңкоюп турган аялдын оозуна түбүнө чейин терең малып алат. Гүлбарчын денесинин тээ түпкүрүндө буркулдап кайнаган толкун түрүлүп келе жатканын сезди. Капыстан Медер аспабынын башы менен эң сезимтал кылына тийип койду эле, оргазмдын миңдеген майда сыныктары туш тарапка чачырап, Гүлбарчынды каптап кетти.

Ал катуу бакырды, бирок ошол учурда Азаттын аспабы оозуна кептелип, аргасы жок күңгүрөнө онтоп, тулку бою калчылдап кетти. Азат анын оозунан балжырап шилекей болгон котосун сууруп алып, ойго бата:

- Эгер ал анткорлонуп жатса, демек укмуш актриса го! - деди.

Медер колдору менен көчүгүн бекем мыкчып, бир-эки жолу итенди да, котосун сууруп алып:

- Сен арткорлонгон жоксуң, ээ, жаным? - деп сурады.

- Койсоңчу, досум! Көзүңдү ачсаң! - деп тыйымыш болду Азат. - Сенден артык эч кимиси болбогонун айтпады беле сага! Эмнеси болсо да, өзүнүн ишин мыкты билет экен! Баракелде!

Бул сөздөр Гүлбарчындын кыжырын кайнатып жиберди. Ал керебеттен секирип түшүп, креслодон сумкасын алды да, таңгакталган акчаны алып, Медерге ыргытты.

- Болот сага туура эмес айтып коюптур. Мен сойку эмесмин. Сени менен өз ыктыярым менен сени каалаганым үчүн гана жаткам.

Медер уялып кетип:

- Бирок.. . экөөбүз сүйлөшпөдүк беле.. . - деп күңкүлдөдү.

- Ой, досум! Сен мени алдаган окшойсуң! Кой, мен кетейин, - деди мындай болуп кетерин күтпөгөн Азат.

- Мен антип айткан жокмун! - деп каршы болду Гүлбарчын. - Болгону мамилелерибизди тактап алалы дедим. Ким менен жатканыңарды билишиңер керек да. Мен бул жакка сен акча төлөгөн үчүн эмес, өзүм каалаган үчүн келдим. Түшүндүңөрбү?

- Ооба, - деди Медер аны ишене бербей карап. - Демек, сен кетпейсиңби?

- Экөөң көп сүйлөбөй ишти улантсаңар кетпейм! - деп кытмыр күлүп жооп берди Гүлбарчын.

- Албетте, канышам! - деп Медер керебеттен полго секирип түшүп, аны кучактап, эрдинен өөп, бир аз өйдө кылып кайра жерге койду. Чулкисинин тизе тушу бырышып калганын байкаган Гүлбарчын бир бутун креслого такап, жука кездемени тартып түздөдү. Андан соң экинчи бутун да ошентти. Эркектер көздөрүн ирмебей анын ар бир кыймылын карап, эриндерин жаланып турушту. Экөөнүн тең диңкийген пенистери солкулдап турат.

- Уланталыбы анда, жигиттер? - деп сурады Гүлбарчын.

- Менимче, азыр кезек менде болчу, - деди Азат.

Гүлбарчын ага басып келип, алигиси тушка жан жерин такап:

- Анда өп! - деп буйруду.

Азат анын оозуна тилин салып өпкүлөдү. Калчылдаган котосу кыздын киндигине такалды. Гүлбарчын бир аз оолактап:

- Сен эми тыгасыңбы же жокпу? - деп өктөм сурады.

Ал ушундай адепсиз сөздөрдү айтканда өзүнүн бетпактыгына маашырланып, делөөрүп чыкчу болгон.

- Ооба, канышам! - деди сары жигит.

- Сенчи, Медер, - деп сурады Медердин зиңкийип кооп турган көлөмдүү пенисин караган Гүлбарчын. - Сок билегиңди кантесиң?

- Сен айткандай болсун, канышам! - деди тиги лөкүйгөн эркек анын жылаңач денесинен көзүн албай.

Гүлбарчын оюндагыны орундатууга ашыгып, керебетке чалкасынан жата калып, буттарын эки жакка керди. Тиги экөө тең жалдырап, анын аласынан көздөрүн албайт.

- Мырзалар айымды көпкө күттүрбөйт! - деди Гүлбарчын. - Же оштогулар антпейби?

Ошол замат Азат анын буттарынын ортосунан орун алып, төшүн, мойнун аймалады, пенисинин башы кынга такалып турат. Анан курсагынын чоло жерин калтырбай жалап келип, чат дөмпөгүнө өттү. Тили менен кын тилин укалай баштаганда Гүлбарчын онтоп жиберди.

- Дагы! Дагы! - деп кыркырады Гүлбарчын көөп турган гүл чанагы мына-мына ачыларын сезгенде.

Азат кайра жаланып, колдору менен тигинин көчүгүн мыкчып туруп, аласын ачып, ысык оозу менен сүлүк курттай эле жабышты. Анын тили кынга ушунчалык терең кирип барганынан Гүлбарчын жыргалга батып, өхүлөп жиберди.

- Эркем менин, кылганыңдын баарысы мага аябай жагып атат, - деген Медер эңкейип, Гүлбарчынды жаагынан сылады.

Гүлбарчын башын буруп, Медердин көздөрүнө тике карады.

Ал кезде Азаттын тили кындын оозунда ары-бери чамгарактап жаткан. Гүлбарчындын назик жыныс эриндери роза гүлүнүн бариктериндей болуп, бажырая ачылды.

- Бери жаныма келчи! - деди Гүлбарчын, ал Медердин аспабын оозуна салгысы келди.

Медер жакын келип, ыңгайланып турган соң Гүлбарчын анын пенисин калтасындагынын баарын кагып алгысы келгенсип, катуулап соруп кирди. Медер көздөрүн сүзүп, созолонто онтоп жатты.

Азат кын тилди жалоого киришти. Жыныс эриндери көөп, шире менен шилекейден жылтылдайт. Азат болсо колдору менен Гүлбарчындын көчүгүн мыжыгып, манжаларын кыны менен арткы тешигине тыгып алган.

Гүлбарчын денеси титиреп, оор дем алып, жаткан жеринде тыбырчылап, ырахатка чөмүлүп баратты. Медердин аспабын оозунан чыгарбай:

- Азыр бүтөм! - деп кыңкыстады.

Азат ага жооп кылып, бирдеме деп күңгүрөнүп коюп, ого бетер күчөдү. Манжаларынын кыймылын ылдамдатып, тилин кынга тереңирээк сойлотту. Бир убакта Гүлбарчын башын чалкалатып, Медердин пенисин оозунан чыгарып жиберди да, ойдолоп чаңыра баштады. Кын тили аябай көөп, Азаттын оозуна толуп калгандай туюлду.

Азат анын эмне болуп жатканын түшүндү жана дароо алигисин тыгып жиберди. Укмуштай сонун сезимдерге жетине албай Гүлбарчын ийиндерин солкулдатып ыйлай баштады. Бир оргазмдын артынан экинчиси жете келди. Ал эми Азат болсо аспабын улам тереңирээк матырып, ургулап жатат.

Гүлбарчын эсин жоготуп жатып калды. Эсине келгенде дагы эле кана элек экенин байкады. Эми эки эркек эки жагынан итерсе деп эңсеп чыкты.

- Койо турсаң! - деп Азатты башынан түртүп, өзүнөн алыстатты. Анан ал артына бурулуп, керебеттин каршысында илинип турган күзгүдөн көрүнгүдөй болуп төрт аяктап турду. Чачтары саксайып, чулкилери шыпырылып, эмчектери көөп, кызарып чыгыптыр, үрптөрү болсо шкафтын кармагычтарына окшоп кара күрөң тартып калган. Ал ыңгайлуу абалга туруп:

- Кана эмесе жигиттер, чамдагыла! - деп буйруду.

Азат артына туруп, жылмышкан пенисин кынга оңой эле киргизди. Медер анын өктөм көз карашын байкап, тизелеп жанына келди.

- Сен оозума бүтө аласыңбы? - деп алдын ала сурап алды Гүлбарчын.

Тиги башын ийкеп:

- Ооба, канышам! - деп күбүрөдү.

- Анда баштадык! - деген Гүлбарчын Медердин аспабын оозуна алып, артка кетенчиктеди.

Азаттын пениси түбүнө чейин кирди. Гүлбарчын канааттана башын ийкеп, Медердин алигисин момпосуй соргонсуп, ырахаттана соруп кирди. Ички туюму безеленип ал жаман жорукту баштаганын жана тезинен токтотпосо өкүнүп каларын айтып жатты. Бирок акыл-эсин ээ-жаа бербеген сезимдери жеңип кетти.

Медердин пенисин колуна бекем кысып алып, соруп жаткан маалда Гүлбарчын лөкүйгөн эки эркек эки жагынан "түйүп" жатканын ойлоп алып эле айтып бүткүс ырахатка батты. Көп өтпөй эки котостун баштары бири-бирине тийиштип жаткандай сезилди. Медер да силкинип, Азаттын мүчөсү да титиреп кетти.

Медердин пенисин кумарлана соруп жатып, Гүлбарчын күзгүнү карады. Анын колдору эмчегин мыжыгып жатканын көрүп, делебеси ого бетер козголду. Азат кыймылын бир аз жайлатты, ал бүтөйүн деп калган. Колдору анын сандарын, көчүгүн сылагылап, жан жерин аралап өтүп, кын тилине тийип, анан арткы тешигине кирди. Гүлбарчын аны аракетчилдиги үчүн сыйлап койоюн деп кынындагы котосту бекем кысты. Азат силкинип алды. Гүлбарчын сандарын кысып, Медердин аспабынын башын тамагына кое берди. Эми чындап эки котос эки тешигине кептелип калды.

Азат кирген буурадай буркулдап, болгон күчү менен Гүлбарчынды тарсылдатып койгулай баштады. Гүлбарчын бул дымагы менен марага биринчи ошо жетеби деп ойлогон. Бирок жаңылышыптыр. Сөөк сымал тамагына такалып калган Медердин чоң пениси калчылдап алып, ысык эрендигин бүрктү. Гүлбарчындын көздөрү чанагынан чыгып кете жаздады. Ал артка болуп, котосту оозунан чыгарайын деди эле Медер колдору менен башын бекем кармап алыптыр. Айла жок Гүлбарчын көзүн жумуп, кычкыл эрендикти кылкылдатып жутту.

Кайрадан денесиндеги эки котостун ортосунда көрүнбөс байланыш пайда болду. Азаттын айгыры да кишенеп алып, жатындын оозуна ысык эрендигин чачты. Гүлбарчын чатына урунуп жаткан Азаттын ташагын сезип, эки оштуктун катуу күңгүрөнүп, жарыша онтоп жаткандарын угуп жатты. "Чыныгы эркектер да ушунча онтойбу?" деп ойлогончо эле болбой эбегейсиз зор оргазмга туруштук бере албай көзү караңгылап, эси эңгирей түштү. Анын чаңырган ачуу үнү акыл-эси бүтүн аялдыкына окшошпой, берки экөөнүн кулактары туна түштү.

Бул жолу бир кезде Жеңиш менен кошулуп, канбай калган кумарын жүз эселеп кайтарып алгандай болду Гүлбарчын. "Мындан ары бир да эркек мени кандырбай, чала жан кылып таштаганга акысы жок" деп ойлоду ал. Анан эстен танып шалдырап жатып калды.

6-бөлүм

- Ай-иий, аябай кооз экен! - деп жиберди Айганыш, белинде торлору бар көгүш түстүү ич көйнөктү көргөндө. - Алабыз!

- А мага мобу көйнөк жакты! - деп Гүлбарчын кара атлас ич көйнөктү денесине такады.

Ал кыска экен, эптеп эле көчүгүн жапты.

- Жакшы жарашат экен, - деди аны сыдыра караган Айганыш. - Муну да пакетке салгыла! - деди сатуучу кызга. - Тээ тигини дагы!

- Жаңы баска алсамбы дейм, - деди Гүлбарчын. - Денеме чапташып турганы жагат.

- Ии. Орто кылымдагы европалык аялдар аны эмнеге кийгенин эми түшүндүңбү? - деп шаңкылдады Айганыш. - Тээ тиги кызылы кандай экен? Менимче, ошо сага жакшы жарашат. Гуля, карасаң капталдарындагы торлору да укмуш экен. Төшү да ачык, бүчүлөрү да бекем. Пакетке салыңыз!

- А буларга окшош турса албайсыздарбы? - деп сураган сатуучу кыз ага түспөлдөш эки турса алып чыкты.

- Жакшы экен, - деди Айганыш. - Буларды да алабыз. Болду, бүгүнкүгө жетишет.

- Дурус эле соода кылдык окшойт, - деп жылмайды Гүлбарчын кассада турган катар-катар пакеттерди карап.

Экөө эртеден бери дүкөндөрдү кыдырып жүрүшөт. Айганыш Гүлбарчынга жаккан ар бир буюмду кылдат карап, чындап жарашкандарын гана сатып алганга уруксат берип жатты.

Шабдан баатыр көчөсүнөн башталып, Манас көчөсүнөн бүткөн бул дүкөндөрдү багындырууга Гүлбарчын бир топ акча коротту. Бирок ал жаңы кийим-кечеге жумшаган акчасына ичи ачышкан жок. Кийим аялдын турмушунда маанилүү роль ойнорун түшүнгөндөн бери ал гардеробун толук жаңылайм деп жүргөн.

Кийим-кечени жөн эле бир чүпүрөк-чапырак да, ага көңүл бөлгөндө эмне деп ойлогон мезгили артта калды. Сырткы келбети сексуалдык жашоосуна да бир кыйла таасир этерине Гүлбарчындын көзү жеткен. Дал ушул кооз көйнөктөр менен жаңы ич кийим анын дүйнөгө болгон көз карашын баштан аяк өзгөртүшүнө шарт түзгөн. Жаңы кийимдин аркасында укмуштуудай өзгөргөн Гүлбарчын өзүн таптакыр башка адамдай сезип калган. Мурдагы шөлбүрөгөн жүдөмүш аялга кайра айлангысы келбейт.

Мындан ары да артынан шилекейин чууруткан эркектердин көз караштарын байкагысы, өзүн күзгүдөн караган сайын делебеси козголуп тургусу келет. Беш жылдан бери баш көтөрбөй иштеген ал, жакшы кийингидей эле болду, ак эмгеги менен тапкан акчасын өзүнөн аяп эмне болуптур. Ал тарткан үч сериал кыргыз телевидениесиндеги он эң мыкты көңүл ачуучу программалардын катарына кирген, ал эми бир сериалы байгелүү орундардын бирин ээлеген. Үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн жакшы акча алчу, андыктан эч бир тартынбастан эле каалаган нерсесине акча корото турган шарты бар. Бир жакшы машине келе турган каражатты жаңы келбетине жумшаганына кенедей да ичи ачышкан жок, күндөн-күнгө өзүнө жагып баратат.

Акыркы сатып алгандарынын акчасын төлөп, курбулар дүкөндөн чыгышты. "Мерсте" чалкалап, аларды күтүп отурган шопур дароо сыртка чыкты. Айымдарга арткы эшикти ачып берип, пакеттерди багажникке салды.

- Самат, үйгө айда! - деп Айганыш жумшак орундукка оңдонуп отурду. - Тамагым кургап кетти. Бирдеме сатып алган сайын каным катып, суусап чыгам.

Жылтылдаган кара машине аларды тез эле Айганыштын үйүнө алып келди. Айганыш шампан ачканча Гүлбарчын пакеттерди экинчи кабаттагы уктоочу бөлмөгө алып барды. Ал жакта чакан мода көргөзмөсү болгону жаткан.

- Кандай сонун! - деп шыбыраган Гүлбарчын чоң күзгүнүн алдына туруп алып, "Версачеден" сары-көгүш сызыктары бар кыска көйнөктү боюна ченеди. Колуна бир бөтөлкө шампан менен эки бокал көтөрүп Айганыш да келип калды. Көбүрүп-жабырган ичимдиктен бокалдарга куюп:

- Кооз көйнөк, сага абдан жарашты, - деп курбусуна бокалды сунду. - Сенин жаңы имиджиң үчүн алып жиберели!

Курбулар хрусталь бокалдарды кагыштырышты. Гүлбарчын жылмайып курбусун карады да:

- Айка, сен болбосоң мен өзгөрмөк эмесмин. Сен үчүн! - деди.

- Мени антип өтө эле мактай бербесең! - деди Айганыш.

- Жок, алтыным! Жылдыз курттан көпөлөккө айланганым үчүн сага гана рахмат айтышым керек, - деди Гүлбарчын курбусунун көздөрүнө тике карап. - Рахмат, жаным. Сага кезигип калбаганда, мурдагыдай эле арабамды кылдыратып сүйрөп жүрө бермекмин, сырткы келбетимди өзгөртүү оюма да келмек эмес. Секстен ырахат алыш жөнүндө айтпай эле койоюн. Сен менин жашоомду таанылгыстай өзгөрттүң.

Ал көйнөгүн чечип, ак турса, тор эмчеккапчан калды.

- Кооз ич кийим кие баштагансың го, - деди курбусу какшык аралаш. - Мына ушундай кебетең менен эркектин астына да уялбай барасың, антпесең деле өзүң үчүн жагымдуу эмеспи. Адам эң биринчи өзүн сүйүш керек да, сенчилеп жумушунан башка эч нерсени ойлобогон кантип болсун!

Гүлбарчын чоң пакеттин үстүнө үңүлүп, ичинен бирдеме издемиш болуп, уялганын көрсөтпөгөнгө аракеттенди.

- А канча жаңы ырахат таптың! Өзгөчө төшөктө! - деп сөзүн андан ары улантты Айганыш. - Сексте кандай гана укмуш ачылыштарды жасадың!

Гүлбарчын кескин бурулуп:

- Аның чын! А кайдан билдиң? - деп сурады.

- Эмнени? - деп Айганыш билмексен болду.

- Башкача жөндөмдөрүмдү ачканым жөнүндө, - деди Гүлбарчын. Ал "Сен-Лорандан" боз түстөгү узун юбка менен чоң кара топчулары бар узун жакетти кийип жаткан.

- Ал андай деле оор болгон жок, - деди Айганыш. - Мен баарын башынан талдап көрдүм да, баарын түшүндүм. Универде окуп жүргөндө эркектерден да сабактарыңды артык көрчүсүң. Дайыма баарынан мурда секс жөнүндө эмес, карьераң жөнүндө ойлочусуң. Аны өзүң деле билесиң. Сексуалдык керектөөлөрүң менен мүмкүнчүлүктөрүң жөнүндө ойлогон да эмессиң. Жадагалса мастурбацияны да такай жасачу эмес элең го! Андай кылган болбойт да, Гулечка! Секс - сага тамак-аш эмес. Тамакты жасап же жеп жатып башка нерсе жөнүндө ойлоно бересиң го. Сексте болсо каалаган натыйжаңа жетиш үчүн бүт оюңду ошого топтошуң керек. Оргазмга жетиш үчүн көп аракет жумшаш керек. Сен ага даяр эмес болчусуң. Бирок вибраторду колдонгондон кийин сендеги катылып жаткан эңсөөлөр ойгонуп, андан ары баары ойдогудай кетти. Сен секстин даамын татып, түз да, каймана да мааниде өзүңдү каза баштадың. - Айганыш кыткылыктап күлдү. - Меники таптакыр башкача болгон. Биринчи эле жаткан жигитим төшөктө мыкты болчу. Анын аты Аскар эле, фамилиясын унутуп калдым. Сенин эсиңде болуш керек, ошол учурда аспирантурада окучу.. .

- Сага дайыма эле өзүңдөн бир топ улуу эркектер жакчу! - деп Гүлбарчын да кезеги келгенде аны чымчып алды. - Сакал-муруту бар дегендей.

- Анысынан дагы, алигиси чоң болуш керек, - деп Айганыш каткырып жиберди. - Кыздыгымды алган ошол Аскардыкына окшош. Анын аспабы тим эле чоң болчу! Алгач көргөндө "өлөт деген ушу турбайбы" деп ойлогом. Бирок өзүң көрүп тургандай, аман калдым. Аны менен жаткандан кийин секстен башка эч нерсе жөнүндө ойлой албай калгам. Эс-дартымдын баары эле кантип кумарымды кандырыштын айласы болуп калды. Анан албетте, бүт болгон акыл-эсимди, күч-кубатымды ошого жумшадым. Көрүп турасың го, мен деле бул жашоодо бир нерсеге жеттим.

- Албетте! - деди жакетин топчулап жаткан Гүлбарчын.

- Аябай жакшы отурду, - деди Айганыш. - Муну телевидениеге кийип барсаң да болот.

- Аның чын! - деп анын айтканына кошулду Гүлбарчын.

Күзгүнүн алдында ары-бери бурулуп, өзүн суктана карады.

- Кийингениңе көңүл бөлсөң азыркыдан да сонун карьера жасамаксың, ыкчамыраак жогору көтөрүлүп, эчак эле бир бакыйган корпорацияны жетектеп отуруп калмаксың, - деп кошумчалады Айганыш.

- Бул айтканың да талашсыз! - деди Гүлбарчын. Ал согончогун өйдө көтөрүп, шиш такалуу туфли менен кандай көрүнөт болдум экен деп күзгүнү карады. Анан жер тиктеп: - А менин биринчи жигитим болсо, кыздыгымды ала электе эле балжырап бүтүп калган, - деди.

- Андан кийинкилери деле андан айырмаланбаса керек, ээ? - деди Айганыш күлкүсүн араң тыйып.

- Ооба, андан кийин деле түзүгүрөөк эркекти жолуктурган жокмун. Бирок сенин сыйкыр белегиңден кийин баары өзгөрдү! - деп Гүлбарчын жылмайды. - Сага ыраазычылыгымды билдирейин деп сөз да таппай турам! Вибратор деген укмуш оокат тура! Мени таптакыр башка адам кылып салды! Мага дал ошо керек экенине кантип акылың жетти?

- Аны колдонгудай болуп чоңоюп калганыңды көрдүм да. Вибратор сага өз сезимдериңди башкарып, оюңду мастурбацияга топтогонго жардам берди. Андан ары баары өзүнөн-өзү бир нукка түшүп кетти.

Айганыш улутунуп алып, жаздыкчаны керебеттин баш жагына ыңгайлуу кылып коюп жатууга камынды. Гүлбарчын курбусу узун кара чачтарынан чач кыпчыткычтарды илбериңки алып, бошогон коюу чачын силкип койсо, алар далысына жайкалып жайылып калганын суктана карап турду. Айганыш жаздыкка жатып, буттарын сунуп, сөзүн жыйынтыктады:

- Ар нерсенин өз убагы бар, жаным! Эч нерсе кокустуктан боло бербейт! Сен укмуш сонун карьера жасадың жана фаллоимитатор сага талыкпас эмгегиң үчүн менин кумар кандыруу фондумдан сыйлык катары ыйгарылды. - Ал каткырып күлдү. - Дүкөндөн жолугуп калганыбыз жакшы болбодубу. Ал жакка экөөбүз тең аялдык кызыгуубуздун айынан барып калдык да!

Гүлбарчын үшкүрүп алып, күрмөсүн чечип, ич кийимдер салынган пакеттен кара атластан ич көйнөктү алып чыкты. Курбусунун айтканына каршы эч нерсе айта алмак эмес, анын ар бир сөзү жүйөлүү болчу.

- Чын эле ошондой болду окшойт, - деди Гүлбарчын көйнөктү оролгон кагазынан чыгарып жатып. - Мага такай бир нерсе жетишпегенин өзүм да сезип жүргөм. Вибраторду пайдалангандан кийин гана кын тилимдин мааниси зор экенин билдим. Оргазм дал ошондо жаралат тура! Жеңил, үстүртөн эмес, чыныгы, терең жана кыл кыяктын үнүндөй уккулуктуу оргазмды айтып жатам. - Ал далысындагы эмчек каптын бүчүсүнө жетип, аны чечти жана капастан боштондукка чыккан кош алмасын суктана карап алып, ич көйнөктү кийди. Атлас назик үрптөрүнө тийгенде, денеси ымыр-чымыр боло түштү. Гүлбарчын аргасыз ичиркенип, сандарын кысып койду.

- Абдан сексуалдуу көрүнүп калдың! - деди Айганыш.

Ич көйнөктүн этеги араң эле курсагынын ылдый жагына жетет.

- Ооба, туура айтасың, - деп күзгүнү карап курбусунун айтканына макул болду Гүлбарчын. - Денеге да жагымдуу экен. Төшүн карасаң, аябай ачык го. Теримди жумшак кездеме сылаганга, үрптөрүм тикчийип калды.

- Демек, мындан ары секс жаатында маселелериң жок экен да? - деп сурады Айганыш.

- Аны айтасың да! Жаңы маселелер пайда болбодубу! - деди Гүлбарчын. - Өтө сезимтал болуп кеттим. Улам эле бүтө берем. Денем көп жылдар бою куру калган жыргалын ушинтип кайтарып алайын деп жатат окшойт. Сен кандай дейсиң?

- Мунун баарын кимге айтып жатасың, каралдым! Мен өзүм да ошондоймун! Ошол кайталангыс оргазмдар үчүн ичип койбойлубу?! - деген курбусу үстөлдөгү шампан куюлган бокалын колуна алды.

Гүлбарчын да бокалын алып, анын жанына отурду. Акыркы күндөрү беймаза кылган суроолорду бергенге ыңгайлуу мезгил келди окшойт деп ойлоду.

- Болот менен мамилелериң кандай болуп жатат? - деп сурады ал сөздү алыстан баштайын деген ой менен.

- Менин оюмча - эң сонун! Бирок жакында баары бир ажырашат окшойбуз, - деп жооп берди Айганыш. - Азырынча баары жакшы.

- Ага мен жөнүндө эмне дедиң эле?

- Экөөбүз эски досторбуз дегем. Андан башка эмне демек элем?

- Эми, мисалы, сойку деп айткан эмес белең?

Айганыш каткырып жиберди:

- Ачыгын айтканда, өткөндө дал ошо аялдардай эле болдуң го! Мен аябай таң калгам.

- Ал Медерге да мени сойку деп айтып коюптур.

- Койчу! Чын элеби? Ал түшүнбөй калган го!

- Түшүнбөй? - деп кабагын чытып, күңк этти Гүлбарчын.

- Болот өзү эле ошентип ойлоп алса керек. Өзүң көрдүң го кандай неме экенин. Бай, колунан баары келген бардык эле эркектерге окшоп, ал оюна келгенди кыла берет, алды-артын карабай сүйлөп коймой адаты бар. Аялдардан да каалаганын алып көнүп калган. Топтошуп кумарга батканды жакшы көрөт, ошон үчүн дайыма курбуларымдын бирин чакырып турам.

- Анан күндөрдүн биринде мен жолугуп калдымбы! - деп кыжыры кайнай баштаган Гүлбарчын какшыктады.

- Жок, сени менен кокустан болуп кетти! Өзүң да кеткиң келбей туруп алдың го ушу жерде! Сен кетип калганда, жакшы акча үчүн баарына даяр тааныштарым деле бар болчу, ошолордун бирөөнө телефон чалып, чакырып алмакпыз. Алар өздөрүн коштоп жүрүүчүлөр деп атаганы менен накта жалаптар. Болот жакшы тейлегени үчүн аларга жакшы төлөп берет. Кээде ал топтошуп кумарга батууга Медерге окшогон ишкер өнөктөрүн да чакырат.

- Демек, Болот мени сойку экен деп ойлоп алган тура, - деп улутуна сүйлөдү Гүлбарчын. - Анда эмнеге мага акча сунуш кылган жок?

- Ал ишти мен бүтүрүшүм керек болчу. Сага төлөнө турган акчаны берип кой деп мага дайындап кеткен. Бирок мен сени таарынтып албайын деп унчуккан эмесмин. Алар сени сойку деп ойлоп алышканын кайдан билдиң? Медер айттыбы? Эртеси күнү мага эч нерсе деген эмес эле го.

Гүлбарчын ага Медер менен жолугушканын айтып берди, бирок Азат жөнүндө айткан жок. Бул сырды ал жадагалса жакын курбусу менен бөлүшүүгө да батынбай турду.

- Ал сага бир пачка акча сундубу? - деп каткырып кайра сурады Айганыш. - А сен эмне дедиң?

- Кайтарып бердим! - деп жооп берди Гүлбарчын.

- Ии, макоо десе! Мейли эми, андан ары эмне болду? Анын аспабы укмуш чоң дебедиң беле? Ага алың жеттиби?

- Жетпегендечи! Ал Жамбылга абдан ыраазы болуп учуп кетти.

- Кетип калганы жаман болуптур!

- Деңизде эмне, андан башка чоң балык калбаптырбы?

- Туура айтасың, курдаш! - деп Гүлбарчынды курбусу мактап койду, анан бокалдарды толтуруш үчүн керебеттен туруп баратып: - Болот сен дегенде тим эле чечкейи чеч болуп жүрөт, - деп кошумчалады.

- Ал да мага жакты, - дей салды Гүлбарчын.

Айганыш керебеттин кырына отуруп, бир аз апкаарый айтты:

- Сенден бир нерсени сурайын дедим эле.. . - Анын кебетеси олуттуу боло түштү.

- Сура! - деди Гүлбарчын.

- Мени ошондо бир нерсе таң калтырды жана сактандырды.. . Өткөндөгү үчөөбүздүн төшөк оюнубузду айтып жатам. Башкача айтайынчы. Болот лесбиянкалардын кумарын кандырганын карап отурганды жакшы көрөрүн билесиң да. Сага айттым эле го!

- Аныңа маани деле берген эмесмин, - деп ийиндерин куушурду Гүлбарчын. - Демек, сен да Болот үчүн ошондой ишке барыпсың да? - ал курбусун сынай карады.

- А сенчи? - деп сурады Айганыш.

- Жок! - деп Гүлбарчын ойлонбой эле айта салды. - Бирок менин суроомо жооп берсең.

- Мен андай ишти Болотко жолукканга чейин эле жасап жүргөм, - деп Айганыш жер тиктеди.

Курбусунун жообун укканда Гүлбарчын таң калганынан оозун ачып калды. Айганыш ага бир да жолу тийишип же төшөккө тарткан эмес. Экөө тең бир саамга тунжурап отуруп калышты. Оор жымжырттыкты Айганыш бузду. Шампандан ууртап алып, ал:

- Ал нерсе биринчи жолу мен Нарында жашап жүргөндө болгон. Бир кошуна келин конокко чакырганынан бара калсам, ал көптү көргөн лесбиянка экен. Кантип анын азгырыгына кирип, бир төшөктө жатып калганымды өзүм да байкабай калдым. Бирок мага аябай жакты, ошондон кийин маал-маалы менен аялдарды сүймөйүнчө тура албай калдым.

- Болоттун көзүнчө да болуп жүрдүңбү? - деди жүрөгү токтоп калчудай болуп Гүлбарчын.

- Ага жагат деп айттым го. Чынын айтсам, бул сөздү баштамак деле эмесмин, бир жагдай болбогондо.. . - ал кайра айтар сөзүн камдап, ойлоно түштү.

- Болгонун болгондой эле айт! - деди чыдамы кеткен Гүлбарчын, ал эмнегедир толкунданып чыкты.

- Ошол кечте сен экөөбүздүн ортобузда башкача, жаңы сезим пайда болгондой сезилди мага.. . Кыскача айтканда, менин сурайын дегеним, сексуалдык тажрыйбаларыңды андан ары уланткың келеби?

Курбусунун билгичтигине таң калган Гүлбарчын селейип туруп калды. Айганыш анын оюндагысын окуп койгондой эле сүйлөп жаткан. Болоттун катышуусундагы топтошкон секс болгон күнү ал да курбусун каалап чыкканын сезген. Ага анча деле көңүл бөлгөн эмес, бирок азыр курбусунун көздөрүнө карап туруп, ал сезимдерди чын эле сезгенине ынанды. Андан да таң калыштуусу, бул сезимдер экөөндө тең жаралган тура.

Бир саамга курбулар тиктешип, унчукпай отурушту. Бул көз ирмем Гүлбарчындын эсинде калды. Уктоочу бөлмөдөгү жымжырттык бир нече секунд гана созулса да, Гүлбарчынга алардын аягы жоктой сезилди.

- Мен дааратканага барып келейин, - деген Айганыш керебеттен туруп баратып, Гүлбарчынды бетин алаканы менен сылап койду, анан: - Кийин, шопур үйүңө жеткирип койсун, - деп кошумчалады.

Ал дааратканага кирип, эшигин жаап алды.

Бирок Гүлбарчын анын тилин алып, кийингенге шашылган жок. Ал баарын баштан аяк жакшылап ойлонуп алгысы келди. Эки жума мурда эле курбусунан ушундай сөз укса, каткырып күлүп кетип калмак. Ага таарынмак да, анын айткандары жөнүндө ойлонмок да эмес, анткени лесбиянка болом деген үч уктаса түшүнө кирген эмес. Ошону менен бул сөзгө кайра кайрылышмак да эмес.

Эми болсо Гүлбарчын баарын башкача кабыл ала баштаган. Адепсиз дене кумарынын даамын татып калган денеси алдыда бир нерсе болорун сезип козголо баштады. Үрптөрү катуу боло түшүп, аласы сууланышып, кын тилине да жан кирди.

Бул бир кызык сезимдеринен тартынган Гүлбарчын эриндерин тиштеп, чыкыйын ушалады. Эмне кыларын билбей бушайман болуп турду, бирок үйүнө да кайткысы келбеди. Айганыш экөө бири-бирин эркелетип, сылап-сыйпап койсо эмне болмок эле? Анын эмнеси бар экен? Дене жыргалынын дагы бир жаңы жагын ачып, секс жаатындагы ансыз да жакыр тажрыйбасын бир аз байытып алат. Кокус жакпай калса, баштагыдай жакын курбу боюнча ысык мамиледе кала беришет. Анан жыландардай бири-бирине оролушуп, керебетте оонап жаткан курбусу экөөнү элестете баштады.

Бирок ички туюму: "сексти багындырам деген аракетиңе баш-отуң берилип кеткен жоксуңбу? Анын артынан алды-артыңды карабай, далактап чуркап баратып аңга түшүп кетпе! Кечээ эле эки эркек менен бирдей моокумуң канганча сайыштың, эми бир аз койо турсаң болбойт беле? Сексти чоң кашык менен аптыгып сугунуп атып, момпосуйдан тойо жеген баладай болуп, көңүлүң айнып, көргүң келбей калбасын! Кийин өкүнүп башыңды мыкчып калбайсыңбы?" деген олуттуу суроолорду жаадырды.

Айганыштын дааратканадан кайтып келиши анын ойлорун туш тарапка чачыратып жиберди. Гүлбарчын чочуганынан отурган ордунда секирип да кетти.

- Сен дагы эле отурасыңбы? Кийин да, тур жөнө үйүңө! - деди Айганыш чечкиндүү.

- Кетким келбей жатат, - деди Гүлбарчын ордунан козголбой.

- Бул болбогон ойду башыңдан алып сал! Экөөбүз көп жылдан берки достугубузду жоготуп алабыз! А мен андай болушун каалабайм!

- Эми экөөбүз жаш бала эмеспиз го! Эмне кылып жатканыбызды билебиз да. Тажрыйба жасап көрбөйлүбү?

Гүлбарчындын жүрөгү кабынан чыгып кетейин деп дүкүлдөп сокту.

- Ошондой деп ойлойсуңбу? - деп сурады Айганыш калтыраган үн менен .

Курбулар бири-бирин тиктеп, эриндерин жаланып туруп калышты.

- Ооба. Оо, Кудай, менин кулактарым чуулдап чыкты!

- А менин жүрөгүм азыр жарылып кетет!

- Мындай учурда тезинен чара көрүш керек! - деп бүтүм чыгарган Гүлбарчын ордунан туруп, Айганыштын жанына келди.

Анын көгүш кофтасынын топчусун чечип, эрдемсине түшкөн неме курбусунун эки эмчегин кармалады. Дал ушул нерсени кылыш керек деп ички туюму айтып жаткан.

Айганыш кофтасын чечип, көгүш эмчек кабы менен калды.

Гүлбарчын анын шымынын сыдырмасын ылдый тартып, белиндеги топчусун чечти. Айганыш шымы менен турсасын өзү чечип, курбусун карады да:

- Аябай толкунданып атам! Сени менен ушинтем деп үч уктасам түшүмө кирген эмес! Эми болсо дүүлүккөнүмөн чылпылдап суу болуп калдым.

- Мен да сенден кем эмес толкунданып турам, - деп Гүлбарчын колдорун анын төшүнө созду.

Айганыш ал жакты көздөй кадам таштап, кызыл түстүү узун тырмактары менен кош алмасын мыжыкты. Гүлбарчын да алдыга обдулуп, курбусунун бетине бетин такаганда анын жыпар жыттуу атыры каңылжаарын өрдөдү. Денесине жабыша түшкөн Айганыштын кичинекей денесин майда калтырак басты. Анын териси жумшак жана назик, эркектердикинен таптакыр башкача экен.

- Мага аябай жагып жатат, - деп шыбыраган Айганыш Гүлбарчынды мойнунан өптү. Анан алаканы менен далысын сылады.

Гүлбарчындын деми кыстыгып, чыңалган денеси чымырап баратты. Ал онтоп жиберди, Айганыш назик эриндерин анын эриндерине тийгизип, тилин оозуна салып, үрптөрүн манжаларынын учу менен тырмалады.

Гүлбарчындын денеси ысып, курбусунун кучагында жалбырттап күйүп кетчүдөй болуп турат. Айганыштын тили таттуу жана ысык эле. Алардын эриндери бири-бирине чапталып, көпкө өбүшүштү, ооздоруна шилекей толду. Курбулар кучакташканда алардын үрптөрү алгачкы ирет бири-бирине тийишти.

Ток тартып кеткенсип, Гүлбарчын артка тайсалдап, калтыраган үн менен:

- Укмуш сонун жыттанып жатасың! Аябай назик жана ийкемдүү экенсиң! - деди.

- Сен дагы! - деп Айганыш эмчек кабын чечти.

Гүлбарчын анын чакан, алмурутка окшогон эмчектерин биринчи жолу көрүп жаткансып, суктана карады. Анын үрптөрү каралжын-күрөң экен. Гүлбарчындын денеси Айганыштын жакындыгын эңсеп, чыдамы кетип турду, эриндеринин таттуу даамы эриндеринен дагы эле кете элек. Ал өзүнүн жашыруун каалоолорун сыртка чыгаргысы келди, бирок кантип, эмнеден баштарын билбей буйдалып турду.

Баамчыл Айганыш аны колунан алып, керебетке тартып, жат деп буйруду.

- Ич көйнөгүмдү чечейинби? - деп сурады Гүлбарчын.

- Жок, аның мага жагып жатат, - деди Айганыш, ал чыдамы кетип, сандарын кысып, бир колу менен курсагын, экинчиси менен төшүн кармалады.

Буттары бир аз кыска болгону менен абдан сымбаттуу, жылмакай, чымыр сандарынын ортосунда карарып аласынын түгү көрүнөт. Анысын бир карап алып, Гүлбарчын чалкасынан жатып, тизелери бүгүлгөн буттарын эки жакка талтайтты. Айганыш анын түктүү аласын карап, жаланып койду да:

- Кандай сулуусуң! Буттарың ушунчалык узун.. . - деди акырын. Ал Гүлбарчындын жанына тизелеп отуруп, бетинен сылады, анан сол эмчегин кармалап, үрпүн манжалары менен тырмалады.

- Керемет! - деп күбүрөдү.

Анын сол колу курбусунун курсагынын ылдый жагын мыкчып, ортону жыныс эриндерин аралап барып, ысык кынга кирди.

Гүлбарчын кыңкыстап жиберди. Айганыш кын тилин сылай баштаганда ал өхүлөп, онтоп жатты. Эркектер мындай учурда орой жана өжөрлөнө аракет кылышчу. Айганыш болсо анын эң сезимтал жерин адашпай таап алып, манжасынын жумшак кыймылы менен Гүлбарчынга жомоктогудай ырахат тартуулап жатты. Бир аздан соң анын кыймылдары күчтүүрөөк боло баштады, Гүлбарчындын денеси чымырап баратат. Ал катуураак онтоп алып, башын эки жакка чулгуду. Оргазм жакын калганынын сезген Гүлбарчын ушунун баары өңүндө болуп жатканына ишене албай:

- Жок! Кереги жок! - деп шыбырады.

- Коркпо! Мага ишенсең! - деген Айганыш кын тилинин баш жагын катуу басты.

Гүлбарчын бирөө ийне менен сайып жибергенсип, кыйкырып жиберип, от-жалын болгон денеси жыргалга батып, солкулдай баштады. Маңдайында тизелеп турган Айганыштын манжасы Гүлбарчынды акылдан адаштырып, атырынын жыты башын айландырды, ал эми үнү кылкыяктын кубулжуган мукам доошуна окшоду. Анын элеси Гүлбарчындын көз алдына тартылып, аял менен кумарга баткан - бул чоң күнөө деп, сөөмөйүн кезегенсийт, ансайын анын ырахаты эки эселенип күчөдү.

Айганыш эңкейе калып, кын тилди тили менен азыр эле манжасын кыймылдаткандай кылып кытыгылай баштады. Кара терге түшкөн Гүлбарчын жаздыктан башын өйдө кылып, "алаңды жалатып койчу, бай болгур" деген тейде көздөрүн жалдыратып, Айганыштын сандарына колун созду. Курбусу аны көпкө жалдыратып отурбай, жакын жылып, буттарын талтайтты. Анын аласындагы алакандай болгон аялдык бейиш багы Гүлбарчынга даана көрүндү.

Жыныс эриндери менен кындын оозун мынчалык жакындан көрө элек болчу. Айганыштын анысы роза гүлүнүн бариктерине окшоп жоон экен, ал эми кынынын оозунда болсо, караңгы тоннелдин кире беришине өскөн бадалга окшоп бирин-серин кара жүндөрү үксүйөт. Бырыш баскан арткы тешиги вулкандын тегерек оозун элестетет. Гүлбарчын оозу менен курбусунун жыныс эриндерине жармашып, кынынан агып жаткан таттуу ширесинин даамын таткысы келди.

Дөмпөйгөн көчүгүн тырыштыра кармап, үксөйгөн жыныс эриндерин, чаткаягы менен арткы тешигин тамшанып жалай баштады. Иштин кызыгына батып, аларды өпкүлөп, Айганышты туурап, табышмактуу караңгы тоннелге тилин сойлотту. Курбусу онтоп жиберип, Гүлбарчындын башын жаздыкка басып, бетине отурду. Гүлбарчындын тили кынга дагы тереңирээк кирип, оозуна таттуу ширеси толо түштү. Курбулар бири-бирин жалап, кумарга батып жатышты.

Алар чарчап-чаалыгуу дегенди билбей ушинтип бири-бири менен алыша беришчүдөй, анткени жуурулушкан эки дене бири-биринен кубат алып жаткансыды. Айганыштын эптегей тили Гүлбарчындын гүлгүн кызыл чанагына конуп, кайра учкан көпөлөкчө, ар бир кыймылы менен аны онтоп, тыбырчылап жиберүүгө аргасыз кылды. Аң-сезиминин тээ тереңинде "ушунчаңда токто, акылыңа кел" деген үн жаңырып, ал дагы эле эки анжы болуп турду. Бирок Айганыштын аласы, анын келишимдүү буттары менен денесинин аңкыган жыты жана эң негизгиси - анын эптүү сылап-сыйпаганы Гүлбарчынды керебетке жипсиз байлады.

Көптү көргөн курбусун баары бир таң калтыра албасын сезген Гүлбарчын эми анын ар бир кылганын кайталай берейин деп чечти. Ошентип, эгер Айганыш анын кын тилин тилинин учу менен баскыласа, Гүлбарчын да ага жооп кылып, дал ошондой кылды. Айганыштын манжалары анын кынына терең киргенде, Гүлбарчын да курбусунун аласына алаканын бүт салды. Ысык кындын капталдары колун кысып, Гүлбарчын аны ыргак менен ары-бери сүргүлөдү. Калчылдаган жумшак үңкүр аны колунан ары оп тартып кетчүдөй сезилди. Гүлбарчын колун тартып алайын деди бирок тиги тыкыс, жабышчаак неме аны кое бере турган эмес. Гүлбарчын өзүн да минтип кумарлана сылачу эмес эле. Айганыштын кыны салааларын өрттөп баратса да алар бул баркыт сымал сыйкырдуу суу үңкүрдөн чыккылары келбеди.

Таң калыштуу, бирок Айганыштын узун манжалары эмнегедир Гүлбарчындын эсине Медердин зор аспабын салды. Ал эми көөп чыккан кызгылт чанагына тийген тили денесин титиретип жиберди. Айганыштын кын тили оозунда көөп чыгып, титирей баштаганда, Гүлбарчын эмнегедир Азатка минет жасап жатып какап кала жаздаганын эстеди.

Ушулардын баарын кино көрүп жаткансып кайра баштан эстеп алган Гүлбарчындын башы зыңгырап чыкты. Суудан чыккан балыктай туйлаган эки дене бир чоң казанга айланып, анын ичинде таттуу сезимдер буркулдап кайнап жаткансыды. Экөөнү бир маалда каптаган оргазмды жанартоого же жер жүзүн каптаган селге окшоштурууга болот эле. Гүлбарчын оозуна толуп кеткен ширеге какап кете жаздады. Бирок жанартоо тынымсыз оргуштап, андан чыккан оттуу сел толкуп-ташып, бир денеден экинчи денеге куюлду. Курбулар бир оркестрдин аспаптарына окшоп, жарышып озондоп онтоп жатышты.

Гүлбарчындын кумарлана онтогонуна эргий түшкөн Айганыш колун билегине чейин тыгып жиберейин деп аз жерден калды, анан өзүн кармана албай кеттиби, айтор ортонун курбусунун арткы тешигине салып жиберди. Эти ооруп кеткен Гүлбарчын ашата сөгүнүп алып, курбусунун кын тилин тиштегилей баштады. Тигиниси катуу чыңырып жиберип, ортонун ого бетер матырды. Ал эмне кылышты билет - ошол замат Гүлбарчындын денеси жыргалга чөмүлө түштү. Ал Айганыштын аласындагы керемет мөмөнү тиштегилеп кемире баштады. Ээгинен ысык жана былжырак шире жылжып агып баратат, бирок ага ушу да аздык кылды. Ал сөөмөйү менен сыйпалап барып, көчүктүн ортосундагы тар тешикти таап, ылдый катуу басты. Булчуңдар бошоңдоп, сөөмөйү арткы тешикке кирип кетти.

Бул дагы бир жаңы ачылыш болду. Анын сүйүнүчү койнуна батпай, Айганыш андан бетер катуу кубанды. Курбулар тили менен эле эмес манжалары менен да бири-бирине жарыша ырахат тартуулап жатышты. Бир күчтүү оргазмдын артынан экинчиси жете келди. Бирок аялдардын эс ала турган түрү жок. Алар ушул керемет абалдан чыккылары келбей, кубанычтын учкундары туш тарапка чачырап, алардын ачуу чаңырыктарынан бөлмөнүн дубалдары титиреди. Алар таптакыр алдан тайып, шалдырап жатып калганда гана бул албуут көрүнүш токтоду. Алсыраган денелери магдырап эрип баратты, ал эми жыныс эриндери болсо эзилип бышкан өрүктөргө айланды.

Айганыш курбусунун үстүнөн түшүп, жанына жатты. Бир топко чейин экөө тең унчукпай эстери ооп жатышты. Акыры Айганыш каргылданган үнү менен:

- Алгачкы тажрыйбабызды ийгиликтүү деп эсептей берелиби? - деп сурады.

- Аны кийинки тажрыйба гана көрсөтөт, - деди Гүлбарчын, анан бир аз ойлоно калып, көмкөрөсүнөн жатып: - Муну жасашка мурда эмнеге мээбиз жеткен жок? - деп сурады.

- Демек, убакыт жете элек болчу. Мына азыр сен ага даярсың. Марага аман-эсен келишиң менен куттуктайм! - деп күлүмсүрөгөн Айганыш аны бетинен чоюп койду.

- Болотту каратып коюп тааныш сойкуларың менен да ушуну жасачу турбайсыңбы, ээ?

- Ооба десем да болот, жок десем да болот. Алар мындай терең сезимдерге бериле алышпайт, алардыкы жөн эле анткорлонуу, роль аткарып жаткандай, баары жасалма.

- Бирок Болотко мунун баары укмуш таасир берип, сени ач арстандай эле басып жыгылат экен го, - деп Гүлбарчын курбусун шылдыңдады.

- Ооба! Анан акылдан адашкан немече кара терге түшүп, мени кечке тарсылдатып койгулайт, - деп кыткылыктады Айганыш. - Сыягы, ошол учурда анын мээси бир аз ордунан жылып кетет окшойт. Анысы мага майдай жагат. Ал моокуму канганча бышылдап-күшүлдөп, оюна келгендин баарын жасайт, мен болсо денемди бош таштап, жыргап жата берем. Аны миң уккандан бир көргөн артык.

- Анда оозуңду жап, мени дүүлүктүрбө! - деди Гүлбарчын.

- Анын баарын эстеп алып өзүмдүн да делебем козголуп, эркекти самап чыктым, - деди Айганыш. - Мен чыныгы лесбиянка боло албайт окшойм. Аял менен жаткандан кийин сөзсүз эркектин чоң аспабын эңсеп баштамай адатым бар.

Гүлбарчын чекесин тырыштырып, бир аз ойлонду да, ал дагы ошону каалап турганын айтты. Ал азыр жан дили менен Медерге жатып бермек, эки эркек болсо, андан да жакшы болот эле. Анын эзилген кынында жагымсыз боштук пайда болду, аны азыр бир эркектин пениси менен толтуруп, дагы бир кумардан чыгып алса сонун болбойт беле.

Убакыт өткөн сайын экөөнүн тынчы кете баштады. Медердин зор кертмеги Гүлбарчындын көз алдынан кетпей, аны элестетип алып, кызыл чүпүрөктү көргөн букадай эле делебеси козголуп чыкты. Далдайган Медер үстүмө чыгып сок билектей диңкийген пенисин кыныма тыгып, баш жагы барып жатын мойнумду тиресе деп эңседи.

- Жакын жерде эркек жок болгонуна байланыштуу, вибратор менен демибизди басууга туура келет, - деди терең улутунган Айганыш.

Анан шкафтын тартмасын казып, ичинен калтасынан бери окшоштурулуп жасалган эркектин жасалма кара мүчөсүн алып чыкты.

- Менимче, бул аспап өтө эле чоң, - деди чоң кара фаллоимитаторду көрүп апкаарый түшкөн Гүлбарчын.

- Кичирээгин берейинби? - деген Айганыш ага башка вибраторду сунду.

Гүлбарчын аны колуна кысып:

- Сен муну колдоносуңбу? - деп сурады.

- Кээде, Болот суранганда. Башка аялды ушуну менен кандырганымды карап отурганды жакшы көрөт. Төшөктө оюна келгенди жасап көнүп калган дебедимби. Кээде анын оюна тирукмуш нерселер келиши мүмкүн.

Гүлбарчын ичиркенип алып, пластмасса котосту катуураак кысып:

- Кана эмесе, ким биринчи баштайт? - деп кылыктана сурады.

Айганыш аппак жасалма тиштерин көрсөтө жылмайып:

- Кел, чүчү кулак кармайлы! - деп сунуш кылды.

7-бөлүм

- Дос, алгач бизге бир бөтөлкө "Эне-Сай" менен төрт рюмка алып кел! Бир аздан кийин дагы бир коногубуз келет! - деди Болот официантка.

- Албетте, Болот Артыкович! Айтканыңызды дароо орундатабыз!

Официант артка бурулуп, буфет жакты көздөй кетти.

Алар Бишкектеги эң кымбат деп эсептелген "Арзы" ресторанынын барында отурушкан. Ал жакка өңчөй бай-манабы ашып-ташкандар - министрлер, өндүрүш башчылары, Кыргызстан гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүн кочушуна мыкчып тургандар келишет. Кээде киножылдыздар менен ырчылар да пайда болуп калат, бирок алар үчүн көбүнесе спонсорлору менен капчыгы калың ойноштору төлөшөт. Калган анча-мынча атагы бар, бирок чамасы чак келбеген адамдарды бул жерден жолуктура албайсың. Жадагалса элдин оозунан түшпөгөн эң атактуу, бай деп саналган телепродюсерлер да бул жерден тамактанууга чанда гана келишет.

Залдын ички жасалгасы мекеменин жогорку даражасына төп келишет: күрөң булгаарыдан жумшак креслолор, кооз, эмен дарагынан жасалган үстөлдөр, дубал менен бир аквариумда ар түрдүү балыктар, лангусттар, омарлар менен таш бакалар ары-бери сүзүп, качан астейдил коноктордун заказы боюнча ашпозчу алардан өзгөчө тамак жасайт болду экен деп күтүп жатышкансыйт. Күңүрт жарык интимдик абал жаратып, күмүш шамдалдарда бүлбүлдөгөн шамдар сырдашууга чакырат.

Мындай өзгөчө жагдай үчүн Гүлбарчын жаңы көйнөктөрүнүн бирин - далысы ачык төшүндөгү тилиги да терең көгүш түстүү кыска көйнөгүн кийген. Мындай ачык көйнөктө ал өзүн бир оңтойсуз сезип жатты, бирок Айганыш курбусунун "сеникиндей келишкен мүчө менен эмнеден уяласың" деген сөзүн эстеп, улам өзүн эркин кармоого аракеттенет.

Бутунда арпа түстүү жылтырак жиптери бар колготки жана баш жагында оюлары бар бийик такалуу кара туфли. Гүлбарчынды көргөн эркектердин баары жалдыраган бойдон эстен танып калып жатышты.

Айганыш терең ачык жакасынан улам эмчек кап тагына албаган узун кара көйнөк кийген. Этегинин алды жагындагы тилигин караган адам анын сымбаттуу буттарын гана эмес, кара чулкини кыпчыган жибек тартмалары менен санынын кара тору терисин да көрө алат.

- Кимди күтүп жатабыз? - деп сурады Гүлбарчын. - Же бул жашыруун сырбы?

- Эч кандай сыр эмес, - деп жооп берди Болот аны карап мылжыйып. - Болгону мен сага жагымдуу сюрприз жасайын дегем, Гүлбаржан.

Үчөө чогуу бир төшөктө кумарга баткандан бери Болот менен мамилеси жакшырып, курбусу экөөнүн ортосу бир аз сууй түшкөн. Түштөн кийин Болот өзү телефон чалып, ресторанга чакырып жатканда "менин бир досум да бизге кошулуп калышы мүмкүн" деп четин чыгара кеткен.

- Сен дагы мени тиги Медердей кылып, ишкер өнөктөрүңдүн бирөөсүнүн астына салып бергени жатасыңбы? - деп таамай сурады Гүлбарчын.

Болот каткырып алды.

- Анда түшүнбөстүк болуп кеткен тура, - деди ал. - Мен Айганыштын айтканын туура эмес түшүнүп алып, сени анын көп сандаган жеңил ойлуу курдаштарынын бири экен деп ойлоп алыптырмын.

- Эски курбум дедим эле го сага! - деп каршы болду Айганыш.

- Сен жанагы жалап тааныштарыңдын баарын эле курбум деп тааныштырасың го! - деп туталана түштү Болот.

Айганыш анын орой сүйлөгөнүн байкамаксан болду. Үчөө бир төшөктө жаткандан бери эле Болот зиркилдеп, сиркеси суу көтөрбөй калды, Айганышты кагып-силке баштаган, Гүлбарчынга тескерисинче үзүлүп-түшүп, жалмаңдап жагынып турат.

- Анан ага мен жөнүндө эмне деп айттың? - деп сурады Гүлбарчын.

- Жөн эле сенин атыңды айтып койдум. Ал сени тааныйт окшойт, - деп Болот каткырып күлдү.

Башынан бутунун учуна чейин аппак кийинген, мойнундагы көпөлөгү гана кара официант күмүш табакка бир бөтөлкө коньяк менен төрт рюмка алып келди. Рюмкаларды ар биринин алдындагы ресторандын логотиби тартылган чарчыларга коюп:

- Куяйынбы, мырза? - деп сурады.

Болот башын ийкеди, официант арыдан-бери бөтөлкөнү ачып, коньяктан үч рюмкага куйду.

Болот алардын бирөөнү колуна алып:

- Мындан ары түшүнбөстүктөр болбошу үчүн алып жиберели, - деп тост айтты.

- Аныңа кошулам, - деди Айганыш, ойношунун курбусунан көзүн албай жатканына кыжырланганын билгизбегенге аракет кылып.

Бир убакта алардын жанына боз күрмө, ак көйнөк кийген жана күрөң галстук тагынган узун бойлуу киши келди. Коюу кара чачы чекесине түшкөн. Күлмүңдөгөн кара көздөрү акылдуу жана шайыр экенинен кабар берип турат. Ортосунда чуңкурчасы бар эрктүү ээги жүзүн катаал көрсөтөт, бирок сезимтал эриндери анын темпераменттүү жана сүйүүгө март экенин белгилеп тургансыйт. Гүлбарчынга анын жүзү жылуу учурады, аны, өзгөчө коюу каштарын, дароо тааныды.

- Салам, Боке! - деди ал досун далысынан таптап. - Иштериң кандай? Кайра көргөнүмө кубанычтамын, досум.

- Дастан! - Болот ордунан турду. - Көптөн бери көрүшө элекпиз ко. Жарым жыл болуп кетти окшойт. Айымдар менен таанышып ал, Айганыш, Гүлбарчын. Айымдар, бул Дастан Бекбоев.

Гүлбарчын "Кыргызтеледолбоор" корпорациясынын башчысы менен бетме-бет келгенде, селейип, отурган жеринде катып калды. Көгөрүп өзүнүкүн бербеген өжөр Эркин Жетигенов дал ушул кишинин кол алдында иштечү. Бул эбегейсиз зор империядан тышкары Дастан Бекбоевдин Казахстанда, Россияда киностудиялары бар эле. Ал көңүл ачуу өндүрүшүндө чыныгы алп болчу.

- Мен сиздин чыгармачылыгыңызга көз салып жүрөм жана чыныгы күйөрманыңызмын, - деди Дастан мукам үнү менен.

- Таанышканыбызга кубанычтамын, - деп Гүлбарчын толкунданганын билгизбегенге аракет кылды.

- Сиздин "Сезим ыргактары" деген тасмаңыз мага абдан жаккан, - деп сөзүн андан ары улантты Дастан. - Мен бир эмес, аны үч сыйра көрүп чыккам.

Ал Гүлбарчындын маңдайына отурары менен чуркап келген официант анын рюмкасына коньяк куйду.

- Таанышканыбыз үчүн! - деди Дастан рюмкасын көтөрүп.

Болот Дастандын келишин Гүлбарчын кандай кабыл алганына көз кырын салып, мылжыйып отурду.

Үстөлгө орто жаштардагы эткээл метрдотель келип, колундагы калың мукабалуу менюларды отургандарга таратып берди.

- Болот Айганыш экөөңөрдү университетте чогуу окушкан деди го, - деди Гүлбарчынды күлмүңдөгөн көздөрү менен теше тиктеген Дастан.

- Ооба, чогуу окуганбыз, - деп жооп берди ал.

- Гүлбарчын окучу, а мен шапар тепчүмүн, - деп кошумчалады курбусу.

Дастан жылмайып койду.

Ансайын Гүлбарчын анын жанында өзүн кенен алып отура албай, деми кысылып баратты. Дастан өзүнүн эркектик аурасы менен аны арбап, магнит сымал өзүнө тартып бараткансыды. Журналдан сүрөттөрүн көргөндө кайдыгер эле карап койчу эле. Эми болсо аны караган сайын каалоосу ашып-ташып, бул келишимдүү эркекти аябай самап чыкты. Жана ар нерсени кызыга сурап, жалындаган көздөрү менен улам-улам караганына караганда ал да Гүлбарчынды жактырып калды окшойт.

- Айганыштын арты менен мен эс алганды, жашоодон ырахат алганды үйрөндүм, - деди Болот.

- Туура эс алганды да билиш керек, - деди Дастан. - Айрым аялдар муну ички туюму менен сезишет.

- Менин билишимче, сен ат мингенди бардык эс алуудан артык көрөсүң. Ошондойбу, досум? - деди Болот. - Бирок ат майданында эмес, махабат майданында. - Ал өзүнүн тамашасына маашырлана каткырды да, калың менюга үңүлүп, аны изилдей баштады.

Гүлбарчын да аны барактады, Дастан Бекбоевдин оттуу көздөрү тиктеп турганын эстегенде аласы ысып, бети албырып чыкты.

Толмоч метрдотель кайра басып келип, заказ алды: каздын этинен паштет, омар салаты менен чопо идиштерде демделип бышырылган кой эти.

Бир-эки мүнөттөн кийин официант келип, үстөл даяр экенин айтып, аларды ээрчитип барды.

- Мен сизден кечирим сурайм, - деди Дастан коңур үнү менен.

- Эмне үчүн? - деп Гүлбарчын таң кала кашын серпти.

- Сизден көзүмдү алалбай тиктегеним үчүн. Аялды антип тиктеген адепсиздикке жатат, бирок сиз абдан ажарлуусуз. - деп ал Гүлбарчынды көздөрү менен жылаңачтап таштады.

- Комплиментиңизге рахмат, - деп айта салган Гүлбарчын, "эгер өңү оңуп калган күрөң көйнөгүм менен жапыс такалуу туфлимди кийип келсем эмне дейт элең?" деп ойлоп койду.

Ресторандын дубалдарына ар кандай сүрөтчүлөр тарабынан ар кандай стилде тартылган жана кымбат рамаларга салынган сүрөттөр илинген. Ак зыгыр тасмал жабылган үстөлдөрдө кооз гүлдөр салынган хрусталь жана фарфор вазалар турат. Бирок алардын биринде жөнөкөй эле бир айнек вазада бир кучак кочкул кызыл розалар турду.

Алардын үстөлү бурчта экен, төрт жагында какайып төрт официант турат. Алар коноктор үчүн отургучтарды жылдырып, алар отурары менен тизелерине зыгыр салфеткаларды төшөштү.

- Дастан! - деген, капыстан залды жаңырткан аялдын үнү угулду.

Бир узун чачтуу ак жуумал кыз кире бериштен аларды көздөй чуркап келе жатты. Ал чуркаган сайын көчүгүнүн башын араң жапкан тар кыска юбкасы айрылып кетчүдөй тыртыйып, кара жука кофтасынан даана көрүнгөн чоң эмчектери ары-бери чайпалат. Жакында эле популярдуу казак сериалдардын бирине тартылган актриса Карлыгаш Тулегенованы залда отургандардын баары тааныды.

Дастан, чыныгы эркек катары, ордунан тура калып, күйүккөн киножылдызды эки бетинен сүйдү.

- Таанышып алыңыздар, достор, бул казак элинин атактуу киножылдызы Карлыгаш, - деп аны жанындагыларга тааныштырды.

Актриса калп эле жылмайымыш болуп, узун кызыл тырмактары менен Дастанды жеңинен бекем кармады.

- Карлыгаш, мен сени "Хаят" мейманканасына токтоду деп уктум, - деди Дастан. - Мен сага сөзсүз телефон чалам. Татынакай болуп алыпсың! Көргөнүмө кубанычтамын!

- Мениң куангеними айтмең! - деди тиги кыз. - Сизды шыдамсыздык бен күтэм, энди!

Актриса тырыштыра кармап алган Дастандын жеңин араң койо берип, жамбашын чайпап үстөлүн көздөй жөнөдү.

Аны менен отурган кара күрмөчөн олбурлуу эки эркек чыдамы кетип, ал кеткен жакты улам моюндарын созуп карап жатышкан.

- Кечириңиздер, - деп күбүрөнгөн Дастан ордуна отурду.

Официанттар алып келген тамактардын баары абдан даамдуу экен. Болот экөө өзүнчө иштери тууралуу сүйлөшүп жатышканда да Дастан Гүлбарчынды улам астыртан карап койот. Ал эми Гүлбарчындын жаңы долбоорлор жөнүндөгү баянын бүт ынтаасын коюп угуп отурду. Көрсө "Таалайы тайкылар" сериалынын сценарийин ал эчак окуп чыгып, абдан жактырыптыр.

- Тасма укмуш кызыктуу болот жана көрүүчүлөр тарабынан кызуу кабыл алынат деп ойлойм, - деди ал. - Сюжети карапайым элдин турмушунан алынганы менен абдан кызыктуу жана азыркы өткөөл мезгилдин көйгөйлөрүн камтыйт эмеспи, ошонусу менен көрүүчүлөрдүн талабына толук жооп берет. Сиз корпорация менен келишим түздүңүзбү?

- Азырынча түзө элекпиз. Эркин Жетигенов али макулдук бере элек. Ал фильмде жок дегенде эки атактуу актер тартылышы керек деп талап кылып жатат. А мен, тилекке каршы, ушу күнгө чейин эркектин башкы ролуна актер таба элекмин, - деди Гүлбарчын. - Аялдын башкы ролуна Бермет Жакыпованы чакырсамбы деп жатам.

- Мен аны тааныйм. Ал бу ролго туура эле келмек, - деди Дастан.

- Бирок Эркин Жетигенов андай деп эсептебейт, - деп кейиди Гүлбарчын.

Ал Дастандын тунук акылына таң берди. Анын деңгээлиндеги жетекчи абдан маанилүү, чоң иштер менен гана алектенет деп ойлогон. Тартылып жаткан фильмдердин сценарийлерин окуу сыяктуу майда-барат иштерге убактысы деле жок болсо керек деп койгон. Көрсө, Дастан Бекбоев өзүнүн телевизиондук ишкердигине тиешеси бар ар бир ишке убакыт табат тура.

Дастан чыканагын үстөлгө такап, эриндерин тиштеп, ойго батып алды.

- Меникине барып, кофе ичпейлиби? - деп Айганыш жымжырттыктан пайдаланып айта салды.

Болот колун өйдө көтөрүп, метрдотелди чакырды. Ал ошол замат ынтыга чуркап келип, эсепти сунду. Болот аны карап да койбостон колун коюп, үстөлдөн турду. Метрдотель башын ийип, төртөөнү эшикке чейин узатып барды.

Кечки аба ысык асфальт менен унаалардын түтүнүнө толуп турду. Көчө бойлой токтогон түрдүү маркадагы машинелер ичиндеги шопурлары менен кожоюндарын күтүп турушат. Дастан улутунуп, чекесин тырыштырды да, Болотко:

- Досум, эртең эрте турушум керек эле. Кофеден баш тартсам капа болбойсуңбу? - деди.

- Жок, албетте! Гүлбарчынды биз жеткирип койобуз, - деди анын баш тартканына кудуңдап кубанган Болот.

- Кааласаңыз, мен деле жеткирип койоюн, - деди Дастан.

Гүлбарчындын түнөрө түшкөнүн байкады окшойт.

- Жакшы болот эле, - деп жиберди Гүлбарчын.

Ал бүгүн да кумарга тойбогон Болотту кандыргысы келбей турган. Ал шумдук жанатан бери жаңы оюндун сценарийин түзүп койгон чыгар.

Ресторанга алар "Силвер-спирит" моделиндеги "роллс-ройс" менен келишкен. Башка машинелердин катарында турган шопур аларды көрө коюп, ресторандын астына айдап келди. Анын артында турган "Лексус" да ордунан козголду. Анын караңгылатылган терезелеринен көчөдө болуп жаткандын баары чагылышып көрүндү.

Айганыш Гүлбарчынды бетинен өөп, көздөрүнө тигилип:

- Эртең телефон чал! Түнүң бейпил болсун! - деп тебиреди.

"Роллс-ройстун" шопуру Болот экөөнө машиненин арткы эшигин ачты. Алар ичине түшкөн соң машине ордунан жай жылды. Анын бошогон ордуна дароо кара "Лексус" келип токтоду.

- Кайда жашайсыз? - деп сурады Дастан.

- Батыш бекети тарапта, - деп жооп берди Гүлбарчын.

- Чын элеби? Какраз жолубуз бир турбайбы! Мен Пригородное айылында турам! - деди Дастан.

Анын шопуру эркек эмес, шопурдун кара күрмөсүн кийген татынакай кыз экенин көргөндө Гүлбарчын таң калып койду. Чачтары кежигесине түйүлүп, баш кийимдин астына бекем катылганы менен Гүлбарчын анысы кызгылт түстө экенин байкады.

- Кутмандуу кечиңиз менен, айым, - деген шопур кыз анын алдынан чыгып эшикти ачты.

- Бул Рахат, - деп шопурун тааныштырды Дастан.

- Салам, Рахат! - деп саламдашты машинеге түшүп жатып Гүлбарчын.

Дастан Гүлбарчындын жанынан орун алгандан кийин Рахат эшикти жаап, рулга отурду.

"Лексустун" ичинде мобилдик телефон, факс, телевизор жана DVD-плеер гана эмес, чакан муздаткыч да бар экен. Калың айнек арткы салонду алдыңкысынан бөлүп турат. Шопур менен ички телефон аркылуу байланышууга болот экен. Албетте машине желдеткич ж. б. заманбап жайлуулуктардан да куру калбаптыр.

- Мындайды мурда көргөн эмес элем, - деди эки жагын суктана караган Гүлбарчын.

- Бул машинени эки жыл мурда сауд арабдарынын бир ханзаадасынан сатып алгам, - деди Дастан. - Арабдар кооз жана кымбат жашаганды жакшы көрүшөт эмеспи. Музыка угасыңбы?

- Ооба. Гүлнур Сатылганованын ырларынан барбы? - деди Гүлбарчын.

Дастан пульттун кнопкасын басты эле "Кумарым иий, канмайынча жөн койбосом" деп сыздаган ырчынын мукам үнү салонго толду. Дастан сүйлөшүүгө жолтоо болбош үчүн музыканы бир аз акырындатып, Гүлбарчынды карап жылмайды.

- Мени үйүмө жеткириш оюңузга да келген жок да, ээ? - деп сурады Гүлбарчын жайбаракат.

Муну кебелбей айтканына ичинен таң калып, чын эле мен айттымбы же башка бирөөбү деп өзү ишенбей турду. Бир нече жума мурун эле антип айтмак тургай, ойлогондон да тартынмак. Азыр болсо экөөнүн тең эмнени каалап турганы айдан ачык болгон соң калп эле уялып, куру намыс кылганда эмне. Бул келишкен эркекти көрөр замат Гүлбарчындын делебеси козголуп, тамактар желип, ичимдиктер ичилип бүткөнчө жүрөгү алеп-желеп болуп, тулку бою эрип түшүп кала жаздады. Ал бүгүн Дастанды тиги ырдагыдай болуп, кумары канмайынча жөн кое албайт.

Төшөк жагынан алдыга чыккандан бери ал кумарга батуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай калган. Гүлбарчын үчүн ал абдан маанилүү болчу, анткени көп жылдар бою секстен чыныгы ырахат алууга уяңдыгы, тартынчаактыгы кедергисин тийгизип, жашоосуна тескери таасир берип келген. Университетте беш жыл окуп алган билими карьера түзүүгө жардам бергени менен секс жаатындагы сабатсыздыгы жана тажрыйбасыздыгы анын нерв системасын начарлатып, жандүйнөсүн жабыркатып салган. Жакында Айганыштын жардамы менен жасаган эрдиктери аны бир кыйла эрдемсинтип, өзүн бир-эки тепкич болсо да жогору баалай баштаган. Андыктан азыр ал бет алган жагынан тайбай, жаңы бийиктиктерди багынткысы келип турат.

- Эмне кылгыңыз келип жатат? - деп сылык сурады Дастан.

- Бишкектин тарыхый эстеликтерин кыдыргым келип турат, - деп жооп берди Гүлбарчын.

Дастан топчуну басып, шопурдун артындагы айнекти жарым-жартылай түшүрүп:

- Рахат, бизди бир аз шаар кыдыртып койчу! - деди.

- Куп болот, мырза! - деп башын ийкеди Рахат.

Айнек кайра жай көтөрүлдү.

- Рахмат сизге, - деди Гүлбарчын, убакыт өткөн сайын ал өзүн ого бетер кең-кесири сезип баратты. - Бишкек жагабы сизге?

- Бардык сулуулук менен кооздук сиздин ай-чырайлуу жүзүңүз менен салыштырганда бозоро түшөт, Гүлбара! - деп жооп берди Дастан, анан колун тизесинен өйдөрөөк койду.

- Сиз да чанда кездешкен келишимдүү эркексиз, - деди Гүлбарчын.

Экөө бир саамга унчукпай отуруп калышты, анан бир маалда бири-бирине бурула калып, кучакташып, өбүшө башташты. Дастандын тили айымдын оозуна кирди, Гүлбарчындын тили да үйүнө баш баккан конок менен көрүшкөнсүп, жан алы калбай соймоңдоп, анын эки жагына чыгып, таңдайы кумарлана соро баштады. Дастан колун этектин астына салып, аялдын ысык аласын мыкчыды. Гүлбарчын дүүлүккөнүнөн калчылдап, онтоп жиберди да:

- Сени аябай каалап атам! - деп шыбырады.

- Мен дагы сени каалап өлүп баратам! - деди Дастан калтыраган үн менен.

Гүлбарчындын денеси жалынга кептелди. Экөөнүн чапталышкан эриндери бири-биринен ажырагысы келбей, тилдеринин жыландай соймолоңдогон бийи көпкө созулду. Мурдагыдай болуп, "качан биринчи кадам жасайт?" деп эркекти күтүп отурбай, өзү чабуулга өткөнү Гүлбарчынды делөөрүтүп жатты. Ал Дастандын эркектик мүчөсүн сыйпалап таап, колуна кысты. Дастан кырылдап онтоп жиберип, бышылдап оор дем алды.

- Сага жагып жатат окшойт, - деди Гүлбарчын, узакка созулган өбүшүүдөн кийин терең дем алып, келишимдүү эркектин кулагынан, мойнунан сүйдү. - Же сага уялчаак кыздар жагабы?

- Аны өзүң деле көрүп турасың го, - деп айтууга араң жарады Дастан.

Гүлбарчын манжасы менен тигинин зиңкийген аспабынын башын басканда ал кумарлуу онтоп жиберди.

- Менин ичиме шайтан кирип кеткенби, - деп шыбырады Гүлбарчын. - Сенин бир шайтаның бар окшойт, Дастан Бекбоев.

Мындай мактоодон кийин Дастан бир мүнөт да чыдап туралбады. Гүлбарчынды орундукка чалкалатып, колдору менен сандарынын ички бетин сылагылап, мойну-башынан аймалады.

- Рахатчы? Ага баары угулат да, - деп шыбырады Гүлбарчын.

- Жок, айнектен ал эч нерсени укпайт да, көрбөйт дагы. Айнектин ары жагы терезедей күзгү.

Гүлбарчын буга ишенген жок. Машине светофорго токтогон сайын шопур кыз күзгүдөн улам арт жакты караганда, ал түз эле Гүлбарчынды карап жаткандай сезилди. Кумарга батып жаткандарды карап отурганды жакшы көргөн Болот эсине түшүп, Гүлбарчын ичиркенип алды.

- Анда эмнеге ал улам эле күзгүнү карап атат? - деп сурады Дастандан.

- Машине айдагандардын баары эле арт жагын күзгүдөн карашат го. А эмне болду? - деп Дастан аны бир башкача карап койду.

- Ага көрүнсө деле жакшы болмок экен, - деди Гүлбарчын.

- Чын элеби? - Дастандын үнү толкунданып, калчылдап чыкты.

- Ооба, - деген Гүлбарчын ачыгын айтканына өзү да таң калды.

Дастан орундуктан шыпырылып полго чөгөлөп отурду да, анын юбкасын өйдө түрүп, колготкисин тизесине чейин шыпырып, сандарын өпкүлөдү. Анан колготкиси менен туфлисин чечип, ыраазы боло:

- Мына ушундай болгону жакшыраак экен, - деди.

Гүлбарчындын турсасы жок экенин көргөндө айтар сөзүн таппай кашын серпип гана тим болду. Дөмпөкчөсүндөгү кыска кыркылган түгү менен көөп чыккан жыныс эриндери аны эстен тандырды. Гүлбарчын ага көбүрөөк ырахат тартуулагысы келип, орундукка жайланышып жатты да, буттарын талтайтты. Дастандын көздөрү гүлгүн кызгылт болуп сууланышып турган кындын жылмакай оозуна кадалды. Гүлбарчын бир буту менен аны белинен кучактап, экинчи тизесин бүгүп, "береги үксөгөй берекемди сага, сени кудайга тапшырдым" дегенсип, чалкасынан жатып калды.

Анын оюн илгиртпей түшүнгөн Дастан алдыга обдулуп, тилин анын жыныс эриндеринин ортосуна сойлотуп, кумарлана өпкүлөдү. Колдору Гүлбарчындын көчүгүн кысып, эптүү узун тили кынына кирди. Араң турган анысы ширесин куюлтуп, балкып жатты.

- Кандай жыргал! - деп кыңкыстады Гүлбарчын.

Машине светофордун жанына келип токтогондо көчөнүн четинде турган бир улгайган киши эңкейип алып, машиненин айнектерин үңүлө карады.

Гүлбарчын анын бетин дапдаана көрдү, ал эми тиги киши болсо, күзгүдөн үңүлө караган өзүнөн башка эч нерсени көргөн жок.

"Лексус" ордунан козголду. Дастандын тили Гүлбарчындын кынына дагы тереңирээк сүңгүп кирди, мурду кын тилине такалды. "Ах!" деп алган Гүлбарчын көзүн жумуп, Дастандын мойнуна артылган бутун силкилдетти. Дастан "чалп-чалп" эткен дабыш чыгарып, шилекейленип, титиреген аласын жанталаша жалап жатат. Кайрадан светофордун кызылы күйдү. Эки жаш кыз терезеге үңүлүштү. Экөө тең кыска юбка менен денелерине чапташкан жука майка кийип алышыптыр, анысынан кичинекей кош алмалары менен топчудай болгон үрптөрү байкалат. Кыздар машиненин ичинен бир белгилүү актерду же ырчыны көрөбүз деп ойлошсо керек. Күзгү терезелердин арт жагында эмне болуп жатканын алар кайдан билишсин.

Дастандын тили ойдо жок нерселерди жасап жатты. Ал кын тилди жалап, соруп жатып, акыры Гүлбарчынды:

- Ооба-ооба! Тезирээк! Бол тез! - деп кыйкырууга аргасыз кылды.

Дастан кын тилди тиштегиледи. Гүлбарчын денесин ток тарткансып, селт этти да, айтып бүткүс жыргалга чөмүлүп, онтоп жатып калды. Дастан кын тилди жалап:

- Түшүнө албай турам, сага тиштегеним жагып атабы же жалаганымбы? - деп сурады.

- Сор! - деп буйрук берди көздөрү чыбыралакей болгон Гүлбарчын.

Дастан анын буйругун дароо аткарып, көөп чыккан кызгылт чанагын шалпылдатып соруп кирди. Ошол эле учурда ал эки манжасын кынга салып, жыныс эриндерин ачып, ичине муздак аба киргизди. Аласындагы асман менен жердей бул сезимге таң калган Гүлбарчын денеси эмне дээр экен деп күтүп калды. Денеси чымырай түштү, эми ал тилге ыраазы болчудай эмес. Гүлбарчын полго шыпырылып түшүп, орундукту таянып төрт аяктап турду. Дастан шапа-шупа шымын ылдый шыпырып, колдору менен сандарын кабыштыра кармап, аспабын сууланышкан ысык үңкүргө тыгып жиберди. Гүлбарчын артын карап, Рахат эмнегедир маңдайындагы күзгүнү кыйшайтып жатканын көрдү. Бирок ал жөнүндө ойлонууга чамасы жетпей калды, жатын мойнуна күч менен урунган Дастандын аспабынын жоон башы аны акыл-эстен ажыратып таштады. Ал күңгүрөнө онтоп алып көзүн жумду. Дастан бир колу менен кын тилди кытыгылап, экинчиси менен санын мыкчып, ылдам жана катуу иштеп жатты.

- Эртеден бери көксөгөнүң үшу беле? - деп сурады ал калтыраган үнү менен, үзүл-кесил үшкүрүп, кын тилин оорута чымчып алды.

- Ооба! Дал өзү! - деди Гүлбарчын тиштенип.

Дастандын узун пениси кынына ушунчалык терең киргендиктен Гүлбарчындын көздөрү ачышып, жаш агып кетти. Бир аздан соң алардан учкундар чачырады. Ал көчүгүн чайпап, эмчектерин орундукка сүрүп:

- Дагы! Дагы! Дастан, чамда! - деп кыйкырды.

Ал кын тилин катуу басып жиберди эле жаңы оргазм Гүлбарчынды баштан аяк чулгады.

- Бүтүп баратам! - деп айтууга араң үлгүргөн Гүлбарчын башын ары-бери чайкап, муундары тырышып жатып калды.

- Түшүндүм, - деп ыркырап алып Дастан мурдагыдан да күчөп "түйө" баштады. Кындын капталдары эрендигин акыркы тамчысына чейин кустуруп алалы дегенсип, котосту катуу кысат. Дастан Гүлбарчындын сандарын эки колу менен мыкчып, алигиси менен жатындын мойнун тарсылдатып койгулады.

Оргазм жаңы нукка бурулду. "Лексус" көчөлөрдүн кесилиштеринен токтоп, кайра ордунан жай козголуп, ээн жерлерден жүрүшүн ылдамдатып, зуулдап баратты. Ал алдыга атырылган сайын Дастандын аспабы да күтүүсүз бурулуштарды жасайт. Ал Гүлбарчындын ичиндеги бир тосмону жырып, буга чейин бир да жан бара элек терең түпкүлөрдү аралап кирип кеткендей сезилди. Арткы тешигин чагылган ургансып, кын тили чымырап, Гүлбарчын дене жыргалынын дагы бир жаңы толкунуна бой таштады. Анын болгон сезимдери денесине бир калыпта кирип, кайра чыгып жаткан ысык, катуу котостун айланасына топтолду. Көз алдына отко какталган көсөөдөй болгон кочкул кызыл ысык котостун жылтыраган башы жана учунда мөлтүрөп турган бир тамчы суюктук тартылды. Тамагы кургаган Гүлбарчын оозун кере аба жутуп, "кыр-кыр" этип, жан далбастап акыштап жатты. Дастандын күч менен итенгенин утурлап, тулку боюн артка кылды. Ошол маалда Дастандын алигиси титиреп кетти.

Гүлбарчын артына кылчайды. Дастан тиштенип алып, анын көчүгүнөн көзүн албай, кертмегинин кынга кирип-чыкканын карап туруптур. Гүлбарчындын карап атканын көрүп:

- Өх, укмуш экенсиң! - деди да, көздөрүн жумуп, бети-башын тырыштырып солкулдай баштады.

Алигиси жин тийгенсип, кынды жарып чыккысы келгендей жулкунуп туйлап кирди. Дастан алка-шалка тердеп, дагы эле ишин улантып жатат. Эрендик кындын капталдарын каптап, ичине толо төгүлдү. Дастан ошондо да тынчып калбай көпкө итене берди, акыры бүрүшкөн аспабы шалбырап сыртка чыгып калганда гана токтоду.

Шымынын чөнтөгүнөн тыкан бүктөлгөн жүз аарчы алып чыгып, шалбыраган пенисин аарчып, турсасы менен шымын кийди да:

- Ушу жөнүндө кечки тамак бүткүчө кыялданбадымбы! - деди эки бети тамылжып, таноолору дердейип.

- Мм, чын элеби? - деди жылмайган Гүлбарчын. - Мен да кечке ушуну ойлоп отурдум.

Анан ал ордуна отуруп, машинени айдап бараткан кыз дагы күзгүдөн карап атканын байкады. Дастан калп айтып койгонбу? Эми укса эмне болот эле? Анын кандай айырмасы бар? Ушундай болор-болбос нерсе үчүн эле өзүнүн да, тигинин да башын оорутуп отурмак беле! Ал Дастанды бетинен сылап:

- Сен шумдук ойнош экенсиң! - деди.

- Сага дагы бир сюрприз кылгым келип жатат, - деди Дастан. - Бассейнде сүзгөнгө кандай дейсиң?

Гүлбарчын мындайды таптакыр күткөн эмес.

Бассейн аябагандай чоң экен жана чатыры купол сыяктанган, темир жөлөктөр менен карматылган айнек павильондун ичинде жайгашыптыр. Бул укмуш имарат шаардын четиндеги заңгыраган үйдө эмес, чет өлкөдөгү падышалардын багында турса көбүрөөк жарашмак экен. Айнек дубалдарды бойлото тропикалык өсүмдүктөр отургузулган чоң жыгач идиштер турат, Гүлбарчын өмүрүндө көрбөгөн кооз гүлдөр чатырга тартылган жипке оролуп, шыпка жетейин деп калыптыр. Алардын миң түркүн жыпар жыттары аралашып, бири-бири менен жуурулушуп, айланада буркурайт. Бул көз жоосун алган ажайып кооз гүл бак барып, үйдүн артындагы чоң бакка уланып кетет экен. Азыр түн ортосунда капкара асмандагы сансыз жылдыздар айнек чатыр аркылуу бассейнди жымыңдап карашкансыйт. Гүлбарчын үйдү да, бассейнди да суктана карап, суктанганын үйдүн ээсине кантип айтып жеткирерин билбей, ылайыктуу сөз таппай турду. Дастан аны бассейнге полу менен дубалдарына кара мрамор чапталган кенен вестибюль аркылуу жана дубалдарында Сезанн менен Моненин картиналары илинген, төргө далдайган узун дивандар коюлган конок бөлмөсү аркылуу алып өттү. Анан ал Гүлбарчынга футбол аянтчасынан кем калбаган кенен ашканасын көрсөттү. Анын ортосунда спортсмендердин бир нече тобу кенен отуруп тамактана турган чоң үстөл турат. Андан кийинки чакан бөлмө аркылуу бакка да, бассейнге да чыгып кетсе болот экен.

Бассейндин чечинүүчү жайында душ кабиналары менен даараткана бар. Шкафтарда тапталган таза сүргүлөр жана эркек менен аялдардын толтура купальниктери илинип турат.

- Каалаган купальнигиңди алып, кие бер, - деди Дастан Гүлбарчынга.

- А эмне, сөзсүз кийиш керекпи? - деп сурады Гүлбарчын.

- Жок! Кийбей койсоң деле болот.

Гүлбарчын жарашыктуу көйнөгүн башынан өйдө чечип, туфлисин ыргытып, жыпжылаңач калды. Дастан аны башынан бутунун учуна чейин сыдыра карап койду. Гүлбарчын жылмайып, ушундай энеден туума болуп алып сууда сүзгөндү жакшы көрөрүн айтты.

Дастан күрмөсүн чечип, кийим илгичтердин бирине илди, мойнундагы галстугун чечти. Гүлбарчын анын көйнөгүнүн топчуларын бирден чечип, алтын кыпчыткычтары менен билегиндеги "Ролекс" кол саатын чечип, текчеге койду. Анан Дастан отургучка отура калып, батиңкесин, байпактарын чечип жатып, Гүлбарчындын жылаңач денесин карап:

- Машинеде сени менен болуп атканда өзүмдү студент сезип кеттим, - деди.

- Ооба, жапжаш жигиттей эле тарсылдатып койгуладың го, алигиче калчылдаганым басыла элек, - деп күлүмсүрөп жооп берген Гүлбарчын эмчектерин кармалады. Сезимтал үрптөрү көөп, аласы сууланышып кетти. Гүлбарчын делебеси козголуп баратканын сезди.

Дастан өйдө туруп, шымы менен турсасын чечип, үксөйгөн булчуңдуу төшүн спортсмендерче керип койду. Колу-бутунун бултуйган булчуңдары, чыңалган тарамыштары анын дайыма дене көнүгүүлөрүн жасарынан кабар берип турат. Жаны жай ала түшкөн аспабы башын шылкыйтып, эки бутунун ортосунда салаңдайт, коюу жүндүн арасынан салмактуу ташагы да чала-була көрүнөт. Дастан чечинүүчү жайдан чыгып, чуркап барып бассейнге секирди. Бассейндеги суу тунук, бир аз көгүш тартып, асты жагынан чоң лампалар жарык кылып турат. Гүлбарчын да Дастандын артынан сууга секирди. Жаштайынан сууда сүзүү менен машыккан ал сууда өзүн жеңил жана эркин сезет. Мындай сонун бассейнде сүзүү ал үчүн чыныгы ырахат болчу. Дастан да алдыга сунулган колдору менен мөлтүрөгөн сууну кесип, жай сүзүп жүрдү. Ал буттарын алмак-салмак өйдө көтөргөн сайын майда чачырандылар түркүн түстөргө боелуп, асыл таштардай жылтылдайт.

Сууга сергий түшкөн денелер дароо күч-кубатка толду. Гүлбарчын мектепте окуган секелек кызча шаңдуу каткырып, сууга чумкуп, кайра калкып чыга калып, ырахаттанып өйдө-төмөн сүздү. Бассейндин аягындагы тайыз жерге келип, эс алып турганда Дастан анын жанына сүзүп келип:

- Оо, сен тим эле мыкты суучул турбайсыңбы! - деп комплимент айтты.

Гүлбарчын терең дем алып, жагымдуу жылымык сууга чумкуду да, суунун астынан көздөрүн ачып, Дастанга сүзүп барды. Алдыга сунулган колдору анын буттарына урунганда Гүлбарчын котосту кармап, оозуна салды. Өпкөсүндөгү аба калбай калганча аны соро берди.

- Демек, русалкалар моряктарды ушинтип жыргатышат тура! - деди Дастан ал суудан чыкканда.

Ал каткырып, Гүлбарчынды кучактап алып өпкүлөй баштады. Аспабы дароо какайып, Гүлбарчындын киндигине тирелип калды. Дастан аны "бассейндин кырына сүзүп барып, ары карап, кырын кармап тур" деп буйруду.

- Эми бассейндин түбүн теминип, бутуңду өйдө көтөр, денең калкып турсун, - деди.

Гүлбарчын ал айткандын баарын жасап, андан ары эмне болор экен деп күтүп калды. Дастан сууга чумкуп, суунун түбү менен ага сүзүп келип, эки бутунун ортосунан чыкты. Анан Гүлбарчындын эки бутун эки ийнине артып, ачыла түшкөн жыныс эриндерин карап, жаланып алды.

- Эми эмне болот? - деп сурады анын оюндагысын билген Гүлбарчын.

Дастан:

- Кезектеги сюрприз! - деп жооп берип, эриндери менен аласына жармашты.

Жылымык суудан Гүлбарчындын жан жери бир аз бүрүшө түшкөн, бирок Дастандын ысык эриндери менен тили тийгенде кындын баркыт сымал жумшак капталдары жазылып, бүт денеси балкып баратты. Дастандын тили акыштаган Гүлбарчындын табышмактуу үңкүрүндөгү бир да бурчту калтырбай изилдеп жатты. Анан тилинин учу менен кын тилин укалай баштаганда Гүлбарчын көздөрүн чакчайтып:

- Дагы! - деп чаңырып жиберди.

Мындай жыргалды ал эч качан сезген эмес. Төбөсүндө жылдыздар жымыңдап, айланасында гүлдөр буркурап, эки бутунун ортосунда келишкен миллионер, телевизиондук империянын, кычыраган "Лексустун", заңгыраган кооз үйдүн ээси жан-алы калбай аласын жалап жатат. Кыргызстандын аймагында анын карамагында дагы кайсы ишкана бар экенин Гүлбарчын элестете да албайт, ал эми чет өлкөдөгү менчик мүлкүчү. Анан кантип ушундай эркекти сүйүп калбайсың! Анан кантип анын кумарлуу көздөрүнө арбалбай коймок элең!

Толкунданган Гүлбарчын бассейндин кырын тырыштыра катуу кармады. Дастан анын таттуу ширесине мас болуп, тилин кынга тереңирээк тыкты. Бул жерде, кенен бассейнде ал өзүн машинедегиге караганда эркин сезип, укмуш нерселерди жасап жатты. Гүлбарчындын тулку бою белинен ылдый чыңалып, Дастандын туйлаган тили тынбай кыймылдаган сайын сандары менен курсагы жалбырттап күйүп жаткансыды.

- Дагы, Дастан! Суранам сенден, бай болгур! - деп онтоду Гүлбарчын, анын аласынын айланасындагы суу буркулдап кайнап кеткендей туюлду.

Кумардын туу чокусуна чыгарына аз калганын сезген Гүлбарчын тыбырчылап жиберди. Дастандын оозундагы кын тили көөп, титиреп жатат. Ал жандалбастап айымынын жан жерин эркелетип жатып, оозуна толгон сууну буркулдатканда чыккан майда толкундар Гүлбарчындын төшү менен сандарын жибек сымал сылап барып, сууга сиңип жок болот. Ал бүт денесинде укмуштуудай жеңилдикти сезип, сандары менен Дастандын башын кысып:

- Дастан! Мен бүттүм окшойт! - деп кыйкырды.

- Окшойбу же чын эле бүттүңбү? - деп сурады Дастан аптыгып.

- Баары сыйкырдуу түштөй болуп жаткансыды! Мен түшүнбөй да калдым.. . - деп тебиреди Гүлбарчын.

"Оргазм болду, бирок башты айланткан жана бүткөн бойду титиреткен эмес, кыз-жигиттин алгачкы өбүшүүсүндөй, үлпүлдөгөн назик, жеңил жана жагымдуу" деп ойлоп койду.

Дастан сууга чумкуду, Гүлбарчын бутун ылдый түшүрүп, бассейндин жантайыңкы түбүнө таманын койду. Дастан анын жанынан суудан чыгып, атча кошкуруп, чачтарындагы сууну алаканы менен сыдырып, бассейндин кырына отурду. Таң калыштуусу, анын аспабы дагы эле какайып кооп турат. Гүлбарчын тепкич менен көтөрүлүп, Дастандын жанына чөгөлөп отура калып, ага минет жасаганга камынды.

Дастан колдорун анын ийиндерине коюп, буттарын кененирээк талтайтты.

Гүлбарчын калтаны алаканына салып, термелтти, анан оозун ачып, котосту түбүнөн кармап алып, баш жагын тилинин учу менен кытыгылап, соруп кирди. Акырындап мүчө оозуна бүт бойдон кире баштады, дөмпөкчөдөгү жүндөр Гүлбарчындын эринине тийип, мойнун кытыгылады. Тамагы кычышып, суунун тамчылары денесинен ылдый тамчылап, башы тегеренип жатты, бирок Гүлбарчын ага көңүл бурган жок. Калтаны колуна аяр мыкчып алып, башын ылдам ийкегилей берди. Оозуна шилекей толуп чыкты.

- Кандай жакшы, - деди Дастан, ошол маалда анын калтасы титирей баштады. Гүлбарчындын оозунун ичи кынынан да өтүп ысып кетти. Дастан анын оозуна кертмегин өзү тыгып: - Дагы бир аз калды - азыр бүтөм, - деп кырылдады.

Гүлбарчын ого бетер шыктанып, котосту мурдагыдан да катуу сорду. Ал тереңирээк кирип тамагына жетип, көөп туруп калды. Ал какаганга үлгүрө электе Дастан аны өзүнө тартып, белинен кучактап алды. Дастандын катуу мүчөсү курсагы тушуна такала түшкөндө, Гүлбарчын да үрптөрүн анын төшүнө такады. Тарамыштары түйүлгөн Дастан Гүлбарчынды жеңил көтөрүп, бассейндин дубалына такады.

Айнек муздак болчу, бирок кызып алган Гүлбарчын аны да сезген жок. Дастан аны абдан каалап турат жана ушу тапта Гүлбарчын үчүн андан өткөн маанилүү эч нерсе жок. Дастан буттарын бүктү, Гүлбарчын аны буттары менен белинен кучактады жана Дастан пенисин кынга салды. Көчүгүнөн кармап алып, күчүнүн болушунча тарсылдатып түйө баштады. Магдырап сүзүлгөн көздөрү менен шыпты, анын үстүндөгү капкара асманда жылтылдаган жылдыздарды караган Гүлбарчын кыны менен котосту кысып:

- Кандай жыргал! - деп онтоду.

Жаш кезинде бир жолу ушундай абалда болом деп денеси аябай ооруган эле. Ошондон кийин аны экинчи кайталабас болгон. Көрсө, анын жаш денеси катаал секс үчүн али жетиле элек тура. Азыр гана Гүлбарчын бул абалда кошулуунун жакшы жактарын баалай турган деңгээлге жеткен. Алгач чаткаягынын ооруксуна түшкөнү бара-бара кынындагы солк-солк эткен таттуу сезимге өттү. Гүлбарчын сөөктөй катуу котостун ар бир сантиметрин, үстүңкү бетиндеги титиреген ар бир кан тамырын сезип жатты. Анан ал кайра бүттү, кезектеги күчтүү оргазмдан эч жакка качып кутула алмак эмес. Анын көз алдында теребелдин баары айлан-көчөк түшүп, чыгырыктай тегерене баштады.

Анын ачуу чаңырыгы жымжырт бассейнде жаңырык болуп бир нече жолу жаңырды. Өзүнө да дурус келе электе Дастан аны ылдый түшүрүп, жакын жердеги шезлонгго алып келди да, көмкөрөсүнөн жаткырып, буттарын бүктү.

Оюнда эч нерсе жок Гүлбарчын көчүгүн тосуп, төрт аяктап туруп калды. Дастан аны сандарынан мыкчый кармап туруп, пенисин арткы тешикке салып жиберди. Гүлбарчындын күңгүрөнө онтогон үнүнөн бассейндин дубалдары титиреп кетти. Башы айланып, көзү мунарыктап баратты. Дастан анын жамбашын кайыштыра кармап, арткы тешигинен аёосуз кыла баштады. Гүлбарчын башын шылкылдатып, артындагы неме болсо:

- Көчүгүң укмуш экен го! - деп күбүрөдү.

Гүлбарчын чыканагы менен шезлонгду таянып, аргасыз тагдырына баш ийди. Артынан да аны жаш кезинде бир эле жолу эметишкен, бул ыкма да Гүлбарчынга таптакыр жаккан эмес. Ал окуядан кийин ал басса-турса чурайы ачышып, көпкө чейин оңураак отура да албай жүргөн. Бирок бул жолу баары башкача болуп жатты. Дастандын пениси арткы тешигине жылмышып кирип-чыккан сайын калтасы көчүгүнө шалпылдап урунуп, Гүлбарчындын денесиндеги кумар оту жалындап күйө баштады. "Чыныгы жыргал ушу жакта тура" деп ойлоду ал.

- Ох ий! Тарын айт! - деп каргылдана сүйлөндү тиштенген Дастан көчүгүн бир калыпта кыймылдатып жатып.

- Сууруй көрбө! - деп жиберди Гүлбарчын ойдо жок жерден лаззатка чөмүлүп баратып. - Катуураак, жаным! Тереңирээк! Ылдамыраак!

Ал бүт денеси менен артка тайсалдап, Дастан болсо кертмегин түбүнө чейин керемет тешикке итерди да, эңкейип алып, кын тилди укалай баштады. Гүлбарчын өмүрүндө мындай жыргалды көрө элек болчу.

- Жок! - деп кыйкырып жиберди анын бар экенине да ишенбей.

Аспабын дагы бир жолу түбүнө чейин итерген Дастан андай жыргал чын эле бар экенин тастыктады. Гүлбарчындын тарамыштары тырышып калды. Дастан анын кын тилин чоюп туруп, эки манжасын кынына тыкты. Анын капталдары жыйрылып, арткы тешиги котосту кысты, Дастан анысын учуна чейин сууруп алып, кайра катуу итерди. Анын кындагы манжалары арткы тешиктеги котос менен удаа кыймылдап жатты. Ошол эле учурда Дастан кын тилди укалаганга да жетишти.

Көзүн ачкан Гүлбарчын башын ылдый кылып, эмчектеринин үрптөрү каралжын тартып, катуу боло түшкөнүн көрдү. Дастан манжаларын кынга терең матырып, дене кыймылын да тездетти. Гүлбарчын жардан ылдый кулап кеткендей болду. Оору менен ырахат бир түймөккө түйүлүп, бири-бири менен аралашып кетти. Ал оргазмга кабылып, эсин жоготуп баратып да, кирип-чыгып жаткан сөөктөй катуу котосту сезип турду. Арткы тешиги от бүркүп, оргуп чыгууга даяр турган вулкандай кызыды. Андан агып чыккан шире лавага окшоп ылдый акты. Укмуштай чоңоюп көөп чыккан котостун башы калчылдап барып, эрендигин бүрктү. Боркулдаган ысык агым денесинин ар кайсы бөлүгүнө тарап, коюу суюктук сандарынан сызылып агып баратты. Көзү эч нерсе көрбөй чыбыр-ала болуп, анан капкара түпсүз чуңкур Гүлбарчынды оп тартып кетти.

8-бөлүм

- Мага келе аласызбы? Сүйлөшө турган сөздөр бар эле?

- Макул. Качан барайын?

- Бүгүн. Он экиде.

Гүлбарчын саатты карады - он болуптур. Көп эле убактысы бар экен.

- Болуптур, - деди ал.

Трубканы койгон соң Гүлбарчындын көңүлү чөгө түштү. Эркин Жетигенов эмнеге жолугалы деп жатканын ал жакшы билет. "Кыргызтеледолбоор" корпорациясы менен "Таалайы тайкылар" сериалынын тартылышына каражат бөлүү жөнүндө келишимге кол коюунун акыркы мөөнөтү жакындап келатат. Бирок башкы ролду аткара турган актер дагы эле табыла элек. Ошондуктан Эркин Жетигенов акчаны башка жактан изде деп айтат го деп Гүлбарчындын шаабайы сууй түштү.

Бирок анын капаланганынын андан башка дагы бир себеби бар болчу: Дастан Бекбоевго кылган акылсыз кылык-жоругу үчүн өзүнө жини келип жаткан. Жеңил ойлуулугу үчүн өзүнө үч күндөн бери акаарат айтып жатат. Телевидениедеги эң абройлуу адамдардын бири менен мыкты ишкер алака түзө турган мүмкүнчүлүк пайда болгондо карачы эмне кылганын! Укмуш акылы, кайталангыс таланты менен аны таң калтырып салдыбы? Ишти алып баруу жөндөмдүүлүгүн көрсөттүбү? Өзүнүн долбоорлорунун бирин кирешелүү сатып жиберүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаландыбы? Атасынын башынабы! Көчөдө денесин сатып турган жалап катындан да жаман болбодубу!

Гүлбарчын эч убакта өзүнүн аялдык ажарын керт башынын материалдык пайдасына колдончу эмес. Карьералык тепкичте жогорулаш үчүн да эч качан эч кимдин астына жаткан эмес. Бирок Дастан Бекбоев буга ишенбейт болуш керек. Адепсиз кылыгынан кийин азыркы Кыргызстандын атактуу телепродюсери даражасына талбаган ак эмгеги менен эмей эле, жогору жактагыларды төшөктө тейлеп жүрүп жеткен тура деп ойлоп калды да. Чыгармачыл чөйрөдө ошондой мамилелер, ошондой тартип бар экенин жакындан билген Гүлбарчын андан күмөн санаган жок. Ал эми ресторандагы Карлыгаш Тулегенованын жалбарган көздөрү, далактап чуркап келип Дастанга асылганы муну дагы бир жолу чындыкка жакындатып турду.

Ал кечтеги мамилесин Гүлбарчын келишкен эркектин жанында өзүнө ээ боло албай, сезимдеринин жетегинде жасаганын, үргүлөп жаткан жандүйнөсүндө козголоң болгонун кайдан билсин! Андай нерсе анын башына кайдан келсин! Көнгөн адаты боюнча Гүлбарчынды да анын көңүлүн алып, каалаганын жасатам деп ойлогон башка арам ой аялдардай көрүп калды да. Эми албетте "директоруңузга мен жөнүндө айтып койбойсузбу, же келишим түз деп кысым жасаңыз" деп телефон чалышын күтүп аткандыр.

Гүлбарчындын корккону дал ошол нерсе болчу. Өзүнүн турмуштук ишенимдерин өзгөртөйүн, баштагыдай эле интимдик жашоосун жумушу менен аралаштырайын деген ниети да жок болчу.

Башкасын айтпаса да, жумушу менен карьерасына тиешелүү принциптери баштагыдай калышын каалаган. Коом менен дүйнөгө болгон башка көз карашы түптамырынан бери өзгөрбөдүбү. Адеп-ахлак, жамандык, жакшылык жөнүндө көп жылдар бою калыптанган көз карашын кайра баштан талдап чыккан жана уяңдык, мококтук сыяктуу кишендерден арылып, үстү-башына, сырткы келбетине башкача маани берип, айланасындагыларга да башкача мамиле кыла баштаган. Анысы үчүн кенедей да уялып, өзүн оңтойсуз сезген да, ошол жолду тандап алганына өкүнгөн да жок. Алтургай Дастан Бекбоев менен болгон акылсыз түнүнө да өзүн жемелештин кереги жок, албетте мындай сонун мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кумарын эле кандырбастан, жүрөгүн өйүгөн маселесин чечип калбай бекер кылганын түшүнүп эле турду. Бирок жакшылап ойлонуп көрсө, Гүлбарчын үчүн дене кумары кесибиндей эле маанилүү да. Ал каалаган нерсесин - дене жыргалын алды. Ал эми бул жашоодо ар бир нерсеге, анын ичинде, дене жыргалына да сөзсүз төлөш керек эмеспи.

Кеп напсисин тыя албай дене кумарын кандыруу жөнүндө болуп жаткан жери жок. Эң негизгиси, анын жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөр болду. Өткөн айда эле курч сезимдерди сезүүгө же аларга оңураак жооп берүүгө жөндөмсүз денеси эң бир татаал мукам күүлөрдү аткара ала турган керемет аспапка айланды. Аң-сезиминде андан да олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү: анысы ырахат тартуулай турган жагдайларды жазбай таанып, ошол замат туура чечим кабыл алууга жардамдашат. Анын бир кездеги кызыксыз, кунарсыз сексуалдык фантазиялары кадимкидей жанданып, кулпура түшкөн. Түндөсү өзү катышкан төшөк оюндарынын андан ары уланганын элестетип, жалгыз жатып калганда Айганыш белек кылган вибратор менен өзүн кандырмайынча уктай албай калган. Эми секс дагы дене көнүгүүлөрү сыяктуу эле такай машыгууну талап кыларынан күмөн санабайт.

Айганыш экөөнүн лесбиянкаларча эксперимент жасап, бир төшөктө бири-бирине жуурулушуп, эзилишкендери жана Болотту кошуп алып кумарга баткандары жөнүндө көп ойлонот. Курбусу Болоттун көзүнчө бири-бирибизди эркелетели деп сунуштаганда дароо макул болгон. Кийин да экөөнү жалдырап тиктеген Болоттун оттуу көздөрү жалжылдап өзүн карап тургансып, денеси дүркүрөп кетип жүрдү. Психикасына зор таасир эткен Айганыш менен төшөктө болгон жакындыгын талдап түшүнүү Гүлбарчын үчүн баарынан кыйын болду. Мүмкүнчүлүк болсо эми деле жан дили менен кумарга батмак. Төшөк оюну алардын достугун ого бетер ширелтип, ого бетер жакын кылып койгонсуду. Көнүмүш эмес жол менен дене кумарын кандыруу Гүлбарчындын сексуалдык ориентациясын гана өзгөртүп тим болбостон, эркектерге карата аны буканын жибин үзгөнгө себепкер болуп, көзүн кыскан кунаажын биякта калсын, букаларды көргөндө эле жибин үзгөн кунаажынга айландырды.

Бул жагдай Гүлбарчынды анча деле сарсанаа кылган жок. Ал башка нерсени ойлогондо бушайман болуп жатты - анын тынчын алган суроо: эгер бейтааныш аял ага тийишип, сунуш кылса, Айганыш менен жасагандын баарын аны менен жасоого дити барабы? Азырынча "жок, андайга бара албайт болушум керек" деп ойлойт. Бирок антип так кесе да айта албайт: акыркы убакта ойдо жок эле көп окуялар башынан өтпөдүбү. Алдыда дагы кандай сыноолор күтүп турат, ким билсин? Секске тиешелүү нерселерде ал кандайдыр бир катуу эрежелерди карманбай, кырдаалга жараша, ички туюмуна баш ийип аракет кылганды жактырчу.

Анын азыркы сексуалдык жашоосун ооздугун кырча тиштеген азоо байталга мингенге окшоштурса болот, тизгин тартып токтотууга же артка бурууга мүмкүн эмес. Бул аңыраңдаган ат чабыш эмне менен аяктайт, Гүлбарчын билбейт жана билгиси да келбейт. Ансыз деле, карьерасы үчүн көп нерседен баш тартып, көп жыргалдан куру калды. Капыстан Айганышка кезигип калганы жашоосун кескин өзгөрттү жана ошондой болгонуна Гүлбарчын өкүнгөн жок.

Мындай кызык темада ой толгоо анын делебесин козгоп жиберди. Ал халатынын сыртынан эмчектерин кармалады, үрптөрү катуу боло түшүптүр. Ушул убакка чейин үргүлөп жаткан кын тили да баш көтөрдү. Аң-сезими дароо Гүлбарчын өзү активдүү катышкан толгон-токой төшөк оюндарынын бирөөнү эске салса, мастурбация жасап, талыкшыган денесин жазып алат эле. Бирок азыр антиш үчүн ыңгайлуу учур эмес. Келген кат-кабарларды, эсеп-кысаптарды карап отурган үстөлүнөн туруп, Эркин Жетигенов менен сүйлөшө турган маселесин ойлонуп алайын деди. Кандай жаман кабар болсо да татыктуу тосуп алайын деген ой менен жаңы көйнөктөрүнүн бирин кийип барууну чечти. Тиги көгөргөн кежир неме анын ушундай ажарлуу келбетине эмитен көнө берсин.

- Кофе же чай ичесизби? Мүмкүн ак суу ичээрсиз? - деп сылык сурады кабылдамадан тосуп алган катчы кыз.

- Жок, рахмат. Мага эч нерсенин кереги жок, - деп жооп берди Гүлбарчын. - Эркин Жетигеновичке мени келди деп айтып коюңуз.

Эркин Жетигенов аны көпкө күттүргөн жок. Ал катчысына Гүлбарчынды кабинетке чакыр деп буйруп, өзү болсо учурашуу үчүн ордунан турду.

- Оо, абдан татынакай болуп алыптырсыз! - деди ал.

- Рахмат, - деп Гүлбарчын креслого отуруп буттарын учкаштырды.

Эркин анын кара колготкичен сымбаттуу узун буттарын суктана карап алып:

- Чын эле, жаңы келбетиңиз мага абдан жакты! - деди да, көзүн анын аппетиттүү сандарынан араң тартып алды.

Гүлбарчын кийинип жатканда бул жука кофтасынын үстүнөн жакет кийейин деп анан дөмпөйгөн төшү менен ичке белин айланадагылар көрө албай калышпасын деп айнып кетти эле. Эркин Жетигеновдун кабинетине киргенден бери анын денесине кадалган көздөрүн көрүп, "туура эле кылган экенмин" деп ойлоп койду. Мурда бир да жолу минтип жалдырап көпкө караган эмес. Гүлбарчын унчукпай отурду да, юбкасынын этегин түздөмүш болуп, эриндерин жаланып:

- Жаңы көйнөгүм сизге жакканына кубанычтамын, - деди.

- А "Таалайы тайкылар" боюнча эмне жаңылык бар? - деп сурады Эркин. - Актерлорду тандоо иши кандай жүрүп жатат?

- Тилекке каршы, бул маселе боюнча алгылыктуу жылыштар боло элек! - деп жооп берди Гүлбарчын. - Бермет Жакыпова аялдын башкы ролуна макулдугун берди. Менимче, ал көрүүчүлөргө абдан жагат.

- Ошондой болушу да мүмкүн, бирок ал атактуу жылдыз эмес да! - деп каршы болду Эркин.

- Ушу сериалда башкы ролду аткарса жылдыз болуп калышы мүмкүн! - деп жооп бере салды Гүлбарчын.

- Ошондой эле болсун. А эркектин ролун ким аткара турган болду?

- Азырынча тактала элек.

- Анысы өкүнүчтүү экен. Анда эмесе, негизги маселелерге өтөлү: каражат менен мөөнөткө, - деп ал кызыл папканы ачканда Гүлбарчын ичинде тиркелген өзү жазган эсеп арызын көрдү. - Демек, сиздин божомолуңуз боюнча сериалды бир саат көрсөтүү биздин корпорацияга төрт жүз элүү миң киреше алып келет.

- Ооба! - деди Гүлбарчын бул маселени эмнеге козгоп жатканын түшүнбөй.

- Жана сиз сериал бешинчи ноябрда бүтөт деп кепилдик бере аласыз.

- Ооба, бирок эгер тартуу иштерине келерки жумадан баштап киришсем гана сиз айткан мөөнөткө бүтө алам. Бирок башкы эркектин ролуна мен тандаган актер сиз жактырган он жылдыздын катарына кирбейт. Сиз айткандар бул сериалга катышуудан баш тартышты.

- Болуптур, андан ары улантпай эле коюңуз. Баары түшүнүктүү, - деп жылмайган Эркин Гүлбарчындын буттарын карап койду.

Гүлбарчын сандарын кысып:

- Жылдыздардан Талант Орозбаков тартылууга макулдугун берди деп кулагым чалган, бирок ал декабрда гана бошойт экен. Эгер аны тартабыз десек, долбоор келерки жылдын апрелинде гана аягына чыгат.

- Дагы бир нече ай артка жылдыруунун кажети жок. - деди Гүлбарчындын тизелерин теше тиктеген Эркин.

- Сизден башка жоопту күткөн деле эмесмин, - деди Гүлбарчын кабагын чытып. Эркиндин алдында жагалданып, калп кайгырып отургусу келбеди. - Болуптур, анда эмесе, бул маселе боюнча сөз бүттү деп эсептей берели.

- Кайда шашып баратасыз? - деп таң калды Эркин.

- Куру бекер бири-бирибиздин башыбызды оорута бербейли! - деди Гүлбарчын жини келип. - Баары түшүнүктүү да! Жакшы калыңыз!

- Эмнени айтып жатасыз? Мен сиздин сериалыңызды сатып алганы жатам. Келишимдин айрым пункттарын талкуулап алуу гана калды. Тексти даяр, мына караңыз! - Ал документтер тиркелген папканы Гүлбарчынга жылдырды. - Фильмди ноябрда көрсөтө баштасакпы деп жатканбыз! Отуруңуз!

Гүлбарчын "чала угуп алдым окшойт" деп ойлоду да кайра кайталады:

- Эркин, сиз мени түшүнбөй калдыңыз окшойт. Башкы ролду аткара турган актерлор али табыла элек.

- Отуруңуз, Гүлбарчын, отуруңуз да, менин сөзүмө кулак салыңыз, - деди Эркин. - Мен сиз келтирген жүйөөлөрдүн баарын жакшылап ойлондум, анан туура эмес кылып жаткан экенмин деген чечимге келдим. Бул сериалга эч кандай жылдыздардын кереги жок. Өзүнүн сюжети эле укмуш таасирдүү. Ал эми Бермет Жакыпова анчалык атактуу болбосо эмне экен. Азырынча ал кичинекей жылдызча, эгер ролун ийине жеткире аткарса, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татый алат, ошондойбу?

Аны угуп турган Гүлбарчын оозун ачып калды.

- Каршы болбосоңуз, андан да маанилүүрөөк маселелерди карап чыгалы, - деп Эркин авторучкасынын башын бурады. - Сиздин сметадагы кээ бир пункттарды кайра карап чыгып, бир топ акчаны үнөмдөп калсак болот экен. Келиңиз ошо жөнүндө сүйлөшөлү.

Гүлбарчын мыйыгынан жылмайып, анын каршысындагы отургучка отурду. Эмне үчүн Эркин мынчалык жумшак болуп калганын ал эми түшүндү.

- Анда эмесе, сиздин долбооруңуздун үстүндө чогуу аракетибизди баштадык деп койо берелиби? - деп сурады Эркин.

- Албетте, Эркин! Биздин кызматташуубуз жемиштүү болот деген ойдомун, - деди Гүлбарчын.





- Гүлбарчын эже!

Гүлбарчын артына бурулуп, кызгылт чачтуу кызды - Дастан Бекбоевдин шопурун көрдү. "Кыргызтеледолбоордун" имаратында лифттин жанында аны атайын күтүп турган окшойт. Анын оттой кызыл чачтары далысына жайылып, бул жолу үстүндө кара униформа эмес, жакасы тегерек ак майка менен кыска юбка кийип алыптыр.

- Кандайсың, Рахат? - деди Гүлбарчын. - Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

- Мени Дастан байке жиберди. Сиз менен жолугушам дейт. Анын кеңсеси жакын эле жерде, мен сизди узатып коеюн.

- Макул, Рахат, - деп Гүлбарчын анын келишкен мүчөсүн дагы бир сыйра карап койду.

Кыздын чоң төшү майканы тиреп, ичке бели менен жалпак курсагы көчүгүн дөмпөйтүп, сандарын ичке жана сымбаттуу көрсөтөт. Бутунда колготкиси жок экен, анын ордуна күнгө күйгөн күрөң териси көрүнөт.

Алар имараттан сыртка чыкканда Гүлбарчынга тааныш кара "Лексустан" шопурдун кара униформасын кийген башка жигит чуркап чыгып, арткы эшигин ачты.

- Кеңсеге машине менен эле жетип алалы, - деди Рахат.

- Мага баары бир, - деп ийиндерин куушурган Гүлбарчын машинеге отурду.

Рахат анын жанына отуруп, эшикти жабары менен машине ордунан козголду. Рахат Гүлбарчынды бир башкача карап алып:

- Сиз абдан татынакай аялсыз, Гүлбар эже. Аялдар көп интим сунуш кылышабы? - деп тике сурады.

Гүлбарчын күлдү:

- Жок. Бирок байкашымча сен ошол боштукту толтурайын десең керек.

- Мен жөн эле сизди татынакай аялсыз дедим, - деп Рахат колун Гүлбарчындын тизесине койду.

Манжалары узун жана кам көрүлгөн тырмактары ачык кызыл түстө боелуп, үстүнөн гүл тартылыптыр. Гүлбарчын терезеге тигилип, анын көгүш көздөрүнүн теше тиктегенине кебелбей туруштук берди.

- Аял менен кумарга батканды билесиз, мен сезип турам, - деди Рахат акыры.

- А эгер сенин оюңдагыны Бекбоев билип калса эмне дейт? - деп сурады Гүлбарчын.

- Биз бири-бирибизди түшүнөбүз, - деп үстүртөн жооп берди Рахат, анан Гүлбарчындын санын сөөмөйү менен сыдыра сылап колун тартып алды.

Машине Исанов көчөсүндөгү жакында эле бүткөн имараттын астына келип токтоду. Шопур машинени айланып өтүп, арткы эшигин ачты. Рахат Гүлбарчынды вестибюлдун аркы бурчундагы лифтке ээрчитип келип, ичине түшкөндө жогорку кабаттын кнопкасын басты.

- А мага кызыгып жатканыңды Дастан билеби? - деп сурады Гүлбарчын көтөрүлүп баратышканда.

- Азырынча билбейт, - деп Рахат табышмактуу жылмайды.

Кабина токтоп, эшиктери ачылды жана аялдар чоң кеңсенин кабылдамасынын босогосун атташты. Иш үстөлдөрдө кеңсе техникаларынын арасында отурган алты катчынын бирөө да башын көтөрүп, аларды караган жок. Бекбоев мырзанын кабинетинин салмактуу эмен эшигине бир-эки кадам калганда Рахат:

- Эсиңизде болсун, Гүлбар эже, Дастан байке абдан бай адам. Ал өңдөнгөн адамдар бир аз башкачараак болушат жана максатына кантип жетишти жакшы билишет, - деди.

- Ал мен үчүн жаңылык эмес, - деди Гүлбарчын.

- Мен жөн гана сизге эскертип койоюн дедим! - деп табышмактуу жылмайган Рахат эшикти чертип, ачты да: - Гүлбар айым келди! - деп аны ичкери киргизип, артынан эшикти жапты.

Дастан Бекбоевдин кабинети жөнөкөй жасалгаланыптыр: жаңгак дарактан жасалган чоң үстөлдүн жарымын компьютер жана телефон ээлеп турат. Кабинеттин ээси тегеренме үстөлдө чалкалап отуруптур. Анын маңдайында күрөң булгаары капталган эки отургуч турат. Бөлмөдө андан башка эмерек жок. Дубалдардын бири калың айнектен, калган үчөөндө Айтиев, Шыгаев, Матаев сыяктуу таанымал сүрөтчүлөрдүн чебер калеминен жаралган май боек менен тартылган сүрөттөр илинген. Алар айнек дубалдан көрүнүп турган Бишкектин кооз пейзажы менен эң сонун айкалышып турат.

Дастан Бекбоев сыйлуу коногун кучактап, эки бетинен өбүш үчүн ордунан тура калып, кучагын жайып, эшик жакка бет алды.

- Кел, жаным, сени абдан сагынып кеттим! - деди ал. - Бирдеме ичесиңби? Ичпейсиңби? Анда отур! - деп Дастан колу менен Гүлбарчынга орундукту көрсөтүп, өзү маңдайына көчүк басты: - Мен Эркин менен сенин жаңы сериалың туурасында сүйлөшөлү дедим. Биздин бүгүнкү жолугушуубузду туура эмес түшүнүп алба.

- Эмнени айтып жатасың, түшүнгөн жокмун! - деди Гүлбарчын, Эркин Жетигеновдун өз оюн өзгөртүшүнө Дастан да таасир эткенин жакшы билип турса да, түшүнмөксөн болуп койду.

Албетте бул кылган жакшылыгы үчүн ага абдан ыраазы эле, бирок тартууланган ырахатына ушинтип жооп берейин десе керек деген ой беймаза кылып жатты.

Анын оюн окуп койгонсуп, Дастан:

- Сени менен жатканым үчүн гана Эркинге кысым көрсөткөн экен деп ойлобо. Албетте ал нерсе да кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизди. Экөөбүздүн ортобузда болгон окуядан кийин сериалдын мазмунуна башкача көз менен карадым. Менин көзүм ачыла түшкөнсүдү. Бул сериалды сөзсүз Казахстандын телеканалдарында да көрсөтүш керек деген ойго келдим. Казак боордошторго да абдан жагат болуш керек. Анткени алардын жашоо-турмушу, салт-санаалары биздикинен анча деле айырмаланбайт эмеспи. Спутниктик телеканалдар аны жан дили менен сатып алышат. Анын үстүнө, менин билишимче, китептин автору улуту боюнча казак. Анан, кудай буйруса, акырындап бүт КМШ өлкөлөрүнүн тармактык телеканалдарына түртүүгө аракет кылам. Кудайга шүгүр, ал жакта жоро-жолдошторум толтура. Баса, калган төрт китебин да пайдалануу укугун алдыңбы?

- Ооба, - деди Гүлбарчын, ал иши оңунан чыкканына дагы эле ишене албай турган.

- Сен экөөбүз китепти бүт бойдон төрт жылдын ичинде экранга чыгарабыз деп келишим түзөлү. Макулсуңбу?

- Анан менин фильмдеримди бүт КМШ өлкөлөрүндө көрсөтүшөбү? - деп кайра сурады Гүлбарчын.

- Ооба, албетте! Дал ошо жөнүндө айтып жатпаймынбы! - деп Дастан башын ийкеди.

- Коромжулардын сметасы бүрсүгүнү дайын болот, - деп Гүлбарчын кургай түшкөн эриндерин жалады.

- Эң сонун! Мына ошондо келишимге кол коюшабыз! - деди Дастан.

- Бул сериалды Казахстанда көрсөтсөм киреше табам деп ойлойсуңбу? Күйүп калам деп коркпойсуңбу? - деп сурады Гүлбарчын.

- Ийгилигине ишенбесем, бул долбоорго киришмек эмесмин. Бекеринен көзүм ачылган жок да! - деди Дастан.

Ал алдыга обдулуп, Гүлбарчындын тизесин сылады.

- Көрдүңбү, мен сулуу аял катары гана эмес, башка жагынан да пайдалуу боло алам, - деп тамашалады Гүлбарчын.

Дастандын манжаларынан денесине жагымдуу жылуулук тарап баратканын сезди.

- Андай болот деп ойлогон эмесмин, - деп Дастан анын тизесин колу менен кысып койду.

- Сага пайдам тийгенине кубанып жатам, - деди Гүлбарчын.

"Рахаттын кыйытып айткандары, тийишкени жөнүндө айтсамбы же айтпай эле койсомбу" деп эки анжы болуп турду.

- Чогуу түштөнүп албайлыбы? - деп сурады Дастан.

- Чынын айтсам, азырынча тамак жегим келген жок, - деп жооп берди ал.

- Анда эмне кылгыңыз келип турат? - деп сурады Дастан көзүн үлүрөйтүп.

- Сенин сунушуң күтүүсүз болгондуктан, алигиче өзүмө келе албай жатам. Ар бир кыргыз продюсери эл аралык аренага чыксам деп кыялданат. Бирок бул нерсе саналуу гана продюсерлердин колунан келет. Карга "каа-арк" этип келип, менин колума да чычканына ишенип, өзүмдү ынандырыш үчүн мага бир топ убакыт керек. Негизи, мен жумуш менен ырахатты аралаштырганды жаман көрөм.

- Туура кыласың! Бул айтканыңа мен да кошулам, - деди Дастан. - Бирок, менимче, экөөбүздүн жолугушуубуздун ишке байланышкан бөлүгү аяктады. - Ал отургучка чалкалап отурду да, жылмайып койду.

Гүлбарчын ордунан туруп, аны ойлуу тиктеди. Анын айтканы да жөндүү эле. Аны канча жумадан бери беймаза кылып, ичкенин ирим, жегенин желим кылган маселе акыры жакшы жагына чечилип отурат. Эми эч нерсени ойлонбой чер жазып, мээсин сергитип алганга толук укугу бар. Ушуларды ойлогон Гүлбарчын эшикке басып барып, аны кулпулады. Анан Дастандын жанына кайтып келип, кофтасынын топчуларын чече баштады. Дастан оозуна толо түшкөн шилекейин аптыга жутуп, көздөрү Гүлбарчындын кара эмчек капчан төшүнө кадалды.

- Жумушка байланышкан бөлүгү аягына чыкса, демек, көңүл ачуучу программабызга өтө берсек болот экен да?

Гүлбарчын өзүнүн сандарын сылагылап, юбкасынын этегин түрдү.

Дастан анын узун буттарындагы кара чулкилер санынын өйдө жагында тартмалар менен карматылганын көргөндө бышылдап, дем алышы оорлой түштү. Андан да өйдөрөөк карап, дөмпөкчөсү менен жыныс эриндерин жарым-жартылай жаап турган ичке үч бурчтуу кара турсасын көргөндө:

- Укмуш көрүнүш экен! - деп күбүрөндү.

Гүлбарчын толкунданып, бирок ошол эле учурда өзүн абдан ишенимдүү сезип кетти. Анын сулуулугуна туруштук бере албай эсин жоготуп бараткан эркектин тамылжыган жүзүн көрүү ар бир аял үчүн жагымдуу да.

- Мен мурда чулкини чанда гана кийчүмүн, - деди Гүлбарчын. - Бирок мурда мындай жосунсуз жорукка да барчу эмесмин.

- Анан капыстан эле мынчалык кескин өзгөрүшүңө эмне себеп болду? - деп сурады Дастан.

- Айганышты капыстан кезештирип калышым себеп болду окшойт. Жазуу үстөлүңдө бирөө менен кылышып көрдүң беле? - деп сураган Гүлбарчын үстөлдү таянып, ылдый эңкейип, буттарын эки жакка керди.

- Жумуш учурундабы же качан? - деп тамаша аралаш сурады Дастан анын көчүгүндөгү ипичке жипче менен жабылган чуңкурду ырахаттана карап. Мүмкүн ал Рахат менен кумарга баткандыр деген ой менен:

- Жумуштан кийин жасачу белең? - деп сурайын деп оозун камдаган Гүлбарчын, кайра өзүн токтотуп калды.

- Жумуштан кийинчи? - деп сурады Гүлбарчын. "Рахат менен кылышчу белең?" деп сурап ийе жаздап, араң токтоду.

- Жок, - деди Дастан.

- Жасап көргүң келеби? - деди Гүлбарчын жамбашын чайпап.

- Жан дилим менен, - деди да Дастан ордунан ыргып тура калып, Гүлбарчындын көчүгүн, сандарын, сууланышкан жыныс эриндерин өпкүлөй баштады.

Гүлбарчындын эмчектери көөп, салмактанды, үрптөрү тирсийип, кочкул күрөң боло түштү. Кын тили жагымдуу сайгылашып, ал эми арткы тешиги болсо, өзүнөн-өзү дердеңдеп, кубанычы койнуна батпай зуулдап чыкты.

Дастан анын үмүтүн актады. Ал Гүлбарчындын турсасын тизесине чейин шыпырып, аласын суктана карап алып, кындын оозун акырын үйлөп:

- Укмуш сонун идея! Гүлбарчын, фантазияңа баракелде! - деп сүйлөндү.

Ал шымынын тушу торсоюп кооп чыккан сыдырмасын сыдырды, шымы бутунан ылдый шыпырылып, полго кулады жана котостун баш жагы Гүлбарчындын көчүгүнүн ортосундагы оюкка такалды. Анын баркыттай жумшак терисин сезген Гүлбарчын буттарын тыбырчылатып:

- Болчу эми, Дастан! Ылдамыраак кирчи, сени каалап өлгөнү калдым! - деди.

Темирдин чокко какталган сыныгындай болгон котос кынга аңыраңдап, түбүнө чейин кирип барды. Жаңы сезимдер Дастанга жакты окшойт, ал былкылдабай бир саамга туруп калды да, анан:

- Ысыктыгын ай, чиркин! - деп кырылдады.

Гүлбарчын "Сенин оюң боюнча кимдин аласы ысыгыраак, меникиби же Рахаттыкыбы?" деп сурап жибергиси келди. Бирок Дастан ага мүмкүнчүлүк берген жок, ал пенисин учуна чейин тартып алып, кайра күч менен итергенде, Гүлбарчын тилин тишине катып жатып калды. Кыймылдаган сайын салпаңдаган Дастандын калтасы анын чатына шалпылдап урунат. Ал колу менен сыйпалап кын тилди таап алды да, манжалары менен кысып, тырмалады.

Гүлбарчын онтоп жиберип, үстөлгө боорун жабыштырып жата калды да, эки колу менен эки кырынан катуу кармады. Котостун башы кын тарамыштарынын тоскоолдуктарынан жеңип өтүп, жатындын мойнун сүзгүлөдү. Гүлбарчындын нервдери чыңалды, кынынын капталдары жыйрылып, тизелери калчылдады, анан ал:

- Жок! - деп ачуу чаңырып ийди.

Бирок денеси катуу агымга андан ары туруштук бере алмак эмес, оргазм ылдам жакындап келе жаткан.

Дастан колдорунун эптүү кыймылы менен, өзү да бүт тулку бою менен тынбай кыймылдап, аны ого бетер жакындатты. Анын ойноок манжалары кын тилди бирде тырмалап, бирде чымчылап, чойгулап, бирде назик сылап жатты.

Гүлбарчын артындагы эркектин дөмпөкчөсү менен калтасын утурлай артка болуп, жаагын үстөлгө такады. Анын тунарган көздөрү Бишкектин борбордук бөлүгүн алаканга салып көрсөткөн айнек дубалга урунду. Көз ирмемге бөлмөдө болуп жаткан нерсенин баары көз алдына тартылды. Ал көчүгүн томпойтуп үстөлдө керилип жаткан өзүн даана көрдү, турсасы тизесинде жүрөт, чулкилери буттарына чапталып, чыпчыйып тартмаларга тартылып турат. Дастандын алкынган айгырын майда-чүйдөсүнөн бери көрдү. Бул көрүнүш анын делебесин ушунчалык козгоп жибергенинен мына-мына жардан кулап түшөрүн сезген Гүлбарчын үнүнүн болушунча озондоп онтой баштады.

Дастан аны жардын кырынан ары түртүп жаткансып, тарсылдатып койгулаганда Гүлбарчындын көзү чыбырчыктап, эч нерсе көрбөй калды.

- Сен ушуну каалагансың! - деп кыйкырган Дастан анын кын тилин катуу чоюп туруп, аспабын түбүнө чейин ныгырды. Ошол кыргылданган кыйкырык бардык ишти жеңиштүү соңуна чыгарды.

Гүлбарчын кыны жыйрыла түшкөнүн сезди, ушу жыйрылуу менен бирге бүт дүйнө ичкерип, Дастан пениси менен кошо анын аласына оп тартылып кеткенсиди. Аласынан ширеси шарылдап сыртка агып жөнөгөн Гүлбарчын деми кыстыгып, денеси калчылдап чыкты. Анан капыстан анын ичинде бир нерсе тырс этип кетти: бул Дастандын пениси сырдуу түпкүрдүн түбүнө ысык эрендигин чачып жаткан. Кынындагы кертмектин калтырагы ага да жетип, Гүлбарчын кыркырап, дене бою калчылдап, көзгө көрүнбөгөн ажайып дүйнөгө зымырап учуп баратты...

- Бул сенсиңби, Гүлбарчын? - деди трубкадагы эркектин үнү.

- Салам! - деп мукактана салам айтканы менен, Гүлбарчын телефон чалып аткан кайсы эркек экенин таппай жатты.

- Мен эле, Болотмун! - деген трубканын аркы башындагы үн аны оор абалдан алып чыкты.

- Кандайсың, Болот! Үнүңдү дароо тааныбаганым үчүн кечирип кой.

- Эч нерсе эмес. Мен жөн эле Дастан менен иштериң кандай деп сурайын дегем.

- Бизди тааныштырып койгонуң үчүн сага абдан ыраазымын! - деген Гүлбарчын андан ары ага акыркы жагымдуу жаңылыктарды бежиреп айтып бере баштады.

Албетте, ага тийиштиги жок нерселерден ооз ачкан жок.

- Сен үчүн кубанычтамын, - деди Болот. - Уксаң, мага бир аз убакыт бөлө аласыңбы? Мен үйүңдүн жанынан өтүп бараттым эле, экөөбүз сүйлөшө турган сөздөр бар.

- Жалгызсыңбы же жаныңда Айганыш барбы? - деп сурады Гүлбарчын. - Бир нече күндөн бери ага чалып такыр эле ала албай жатам.

- Ал бир жакка жоголуп кетти, - деди Болот көңүлсүз. - Бир азга кире кетсем болобу?

Анын кылган жакшылыгынан кийин кантип кирбе демек эле.

- Ооба, кир! - деди ал.

Ал чачы-башын каранганга да үлгүрө электе кара "мерс" эшигинин астына келип токтоду.

- Тез эле келип калдың го! - деди Гүлбарчын сырткы эшикти ачып.

- Үйүңдүн түбүндө эле турам дебедимби! - деп корулдады төркү үйгө өткөн Болот.

Гүлбарчын бокалдарга ак шараптан куюп, Болоттун чарчаңкы жүзүн карап:

- Акыркы убакта аябай катуу иштеген окшойсуң ээ, Болот? Көздөрүң киртийип, чарчагандай көрүнөсүң. Эмне мынча тырышып алгансың! Отуруп дем алчы! Өзүңдүн үйүңдөй эле ээн-эркин отура бер, - деди.

Болот бөлмөдө ары-бери басканын токтотуп, бүт салмагы менен диванга лөк эттире отурду. Ал кычыраган көк күрмө, кардай аппак көйнөк кийип алыптыр, мойнунда ак сызыктары бар көк жибек галстук. Гүлбарчын бир нече күн мурун эле аны менен бир төшөктө жатканына ишенбей да турду.

- Мени менен эмнени сүйлөшөйүн дедиң эле, Болот? - деп сурады ал бир аздан кийин.

- Эмнеден баштарымды да билбей турам. Айганыш экөөңөр кыйышпас достордон эмессиңерби.. . - деген Болот шараптан аптыга чоң ууртады.

- "Бетке айткан сөздүн заары жок" дечү эле раматылык чоң энем, - деп жылмайган Гүлбарчын анын маңдайындагы креслого жайланыша отурду. - Тартынбай болгонун болгондой айта бер!

Болот тамагын кырып жөтөлдү да:

- Баягүнтөн бери сен жөнүндө гана ойлонуп атам, Гүлбаржан! Ортобузда болгон окуяны мээмден алып таштайын деп жакшы эле аракеттендим, бирок майнап чыккан жок, - деп салса болобу.

Болоттун бул ымандай сырын ачканы Гүлбарчынды таң калтырган деле жок. Адеп таанышкандан бери эле ал жалмаңдап, Гүлбарчынды көргөндө куйрук майды көргөн мышыктай болуп, көздөрүн жылтыратып, талып калчу эмес беле. Ал эми Айганыш экөөлөп көрсөткөн төшөк оюнунан кийин ал таптакыр эле акылдан адашкан окшойт.

- Мүмкүн ошону бекер эле жасагандырбыз, - деди Гүлбарчын ишенимсиз.

- Тескерисинче! Ошондой болгонуна кубанам, антпесе эч качан.. .

- Кулак салчы, Болот.. . - деп анын сөзүн бөлүүгө аракет кылды Гүлбарчын.

- Сөзүмдү аягына чейин айтып алайынчы! - деди Болот буркулдап. - Айганыш, албетте, мыкты аял. Ал экөөбүз чогуу керемет түндөрдү өткөрдүк. Бирок мындан ары экөөбүздүн ортобузда баары бүттү. Сен болбогондо, аны капкачан эле таштамакмын.. .

- Чын элеби? Ал билеби бул жөнүндө? - деп сурады Гүлбарчын.

- Ооба, ал баарын билет, - деди Болот башын ийкеп. - Билесиңби, Гүлбарчын, мен сени укмуш аял деп эсептейм! Сендей аялды көргөн эмесмин. Сени Дастан менен тааныштырганым, сени кандай жогору бааларымды билдиргим келген. Сага пайдам тийсин дегем.

- Аның үчүн чоң рахмат, Болот! - деди Гүлбарчын. - Уксаң, эгер ал жакшылыгың үчүн сага жатып беришим керек болсо, кыйытпай ачык эле айт.

- Анткениң мага аздык кылат, - деди эки бети кызарып кеткен Болот. - Айганыштын ордун басышыңды каалайм.

Бул жолу Гүлбарчын оозун ачып калды. Мындай жооп угам деп ойлогон эмес. Төшөккө жаталы деген сунушуна "жок" деген жообу даяр болчу, эң жакын курбусунун ойношу экенин эсине салайын деп турган. Бирок эми жагдай күтүүсүз нукка бурулганда, Гүлбарчын эмне дээрин билбей дабдаарый түштү.

Анын унчукпай туруп калганын Болот макулдуктун белгиси деп түшүнүп алды окшойт. Ал дердеңдеп, сөзүн андан ары улады:

- Мен эсеп-кысаптарыңды бүт төлөйм, үй, машине, каалаганыңдын баарын сатып берем! - деди ал.

- Аның үчүн мен эмне кылышым керек? - деп сурады Гүлбарчын.

- Анда-санда гана убактыңды бөлүп койсоң!

- А тагыраак айткандачы? - деп кызыкты Гүлбарчын.

- Аны кийинчерээк сүйлөшөбүз, - деди Болот олуттуу үн менен.

- Бирок менин Айганышка окшоп, тааныш жалап катындарым жок да. Сага майдай жаккан лесбиянкалардын шоусун уюштуруп беле албайм.

- Мага анын кереги жок! Өзүң гана керексиң! - деди Болот көздөрүнө тигилип.

Муну чын дилден айтып жаткандай сезилди Гүлбарчынга.

- А Дастанды кантебиз? - деп сурады ал. - Биз ойнош болуп калбадыкпы?

- Ошондой болуп кетеринен күмөн санаган эмесмин. Бирок өзүңдүн келечегиңди аны менен көрө аласыңбы? - деп ал сынай карады.

- Мени уксаң, Болот! Эң жакын курбума жасаган мамилең мени капалантты! - деди Гүлбарчын анын суроосун кулагынын сыртынан кетирип. - Эми ал деле тири жан да, дене кумарын кандырып анан ыргытып жибере турган үйлөмө куурчак эмес го. Бул кылганың эмнең?

- Баары сен ойлогондой эмес. Гүлбаржан, мен сен үчүн баарына даярмын. Каалаган шартыңды кой, каалаган нерсеңди сура! - деди Болот.

Ал бир нерсени жашырып айтпай жаткандай туюлду Гүлбарчынга. Мүмкүн, Айганыштын жок болуп кетиши алардын ажырашуусунан улам болуп жүрбөсүн?

- Жок, Болот, сенин ойношуң болгонго макул эмесмин, - деди Гүлбарчын, анын ушу бойдон жөн эле калып калбасын билсе да. Ага окшогон адамдар "жок" деген жооп укканга көнгөн эмес. Бир-эки күндөн кийин кайра эле тынчын алып, акедей асылат болуш керек. Бирок ага чейин Айганыш пайда болуп калар, ошондо Гүлбарчын бир бүтүмгө келер. - Кечирип кой, бирок менин жумушум көп! - деп Гүлбарчын ордунан турду.

Болот дагы:

- Экөөбүзгө аябай жакшы болду эле, жаным! Жакшылап ойлончу! - деп күңгүрөнө дивандан өйдө турду.

Гүлбарчын унчукпай сырткы эшикти көздөй басты.

- Үмүтүмдү үзбөйм! Жакшы жооп угайын деп Кудайдан тиленип турам, - деди Болот кетип баратып.

Дагы эле тунжураган Гүлбарчын анын артынан эшикти жаап, каткырып күлүп жиберди.

9-бөлүм

Пресс-конференция биринчи кабаттагы кенен студияда өттү. Фуршет үчүн жайылган аппак тасмалдары бар бүктөмө үстөлдөр үстү толо түркүн түстүү дүйүм тамактан сынып кетчүдөй болуп турат. Келген коноктор бул жерде жылкынын этинен жасалган казы-карта, чучук, койдун этинен жасалган куурдак, беш бармак, шишкебек ж. б. тамактардан даам сызышты. Алардын жанында чоң жайпак тарелкаларга үйө салынган түрдүү салаттар, дагы арыраакта - дарбыз-коон, жер-жемиштер жана таттуу пирожныйлар, кекстер, торттор.

Салтанаттуу иш чараны чагылдыруу үчүн Кыргызстан менен Казахстандын ар кайсы шаарларынан кабарчылар келишкен, бирок чогулуштун расмий бөлүгү Дастан Бекбоевдин чогулгандардын алдында сүйлөгөн кыска сөзү менен гана чектелди. Ал Казахстандын тармактык телеберүүлөр компаниясынын акцияларынын көзөмөлдөөчү пакетин сатып алганын жана аны өзүнүн карамагындагы "Кыргызтеледолбоор" корпорациясы менен бириктирүү ниети бар экенин айтып өттү. Ал айткандай, бул кызматташуунун алгачкы ширелүү мөмөсү болуп Гүлбарчын Касымалиеванын "Таалайы тайкылар" сериалы болмокчу. Сөз сүйлөнүп бүтөр замат шатыратып кол чапкан коноктор менен кабарчылар топурап жайылган дасторкондорго бет алышты. Узун буттуу татынакай официанткалар ичимдиктерди ташып, коноктордун бокалдарын бош калтырбай, буту-бутуна тийбей чуркап, тейлеп жүрүштү.

Сөз сүйлөрдүн алдында Дастан Гүлбарчынды элден окчунураак алып чыгып, бүгүн кечинде жумуштары менен Анкарага учуп баратканын жана Бишкекке жакында келбесин айтты. Ал бул жагдайга өкүнүп, же капыстан сапарга аттанганы үчүн Гүлбарчындан кечирим сурайын деген ою да жок болчу.

Гүлбарчын да бул жаңылыкты жайбаракат кабыл алды, Дастандын даражасындагы адамдар үчүн бизнес эң башкы орунда турат, калганы анча маанилүү эмес. Анткен менен жүрөгүнүн тереңинде Туркияга аны да барып келели деп чакырабы деген үмүттүн шооласы жылт-жылт этет. Кандай болсо да, сериалды Туркиядан деле тартып келишсе болот да. Бирок андай сунуш болбогон соң кайгыргандын ордуна, тескерисинче, кадимкидей жеңилдей түштү. Дастан анын делебесин козгоп турчу, бирок алардын ысык мамилелери көпкө созулмак эмес. Чынында Гүлбарчын ага бүт өмүрүн баш-оту менен байлап койгусу да келген жок. Эми карьерасы көкөлөп турган маалда ал өз тагдырын өзү чечкиси келди.

Ал учурда Дастан интимдик жашоосунун кандайдыр бир караңгы жактарын жашырып жатат деп Гүлбарчын шектене баштаган. Рахат менен сүйлөшкөндөн кийин бул аялдарга өзгөчө жакын кызыл чачтуу кыз Дастандын шопуру гана эмес, ишенимдүү адамы экенине да көзү жеткен. Пресс-конференцияга ал денесин чала-була жапкан жеңил көйнөк кийип келип, Дастан сөз сүйлөп бүткүчө анын жанында турду.

Ошентсе да анын кара "Лексусу" "Кыргызтеледолбоор" корпорациясынын унаа токтоочу жайынан чыгып, чоң жолго түшкөндө Гүлбарчындын көңүлү чөгө түштү.

Аңгыраган ээн үйүнө жалгыз кайткысы келбей Айганышка телефон чалды. Бул жолу кудай жалгап курбусу трубканы көтөрдү.

- Айка, кайда жоголуп кеттиң? Бир жумадан бери телефон чалып ала албай жатам!

- Ал телефондон сүйлөшчү сөз эмес! Жолукканда айтып берем, - деди курбусу табышмактатып.

- Анда бүгүн эле жолугушпайлыбы? - деди Гүлбарчын.

- Меникине кел, - деди Айганыш. - Сага айтып бере турган көп сөз бар!

- Эмне ала барайын?

- Жөн эле келе бер. Муздаткычым толтура тамак-аш.

- Макул. Азыр барып калам! - деген Гүлбарчын трубканы койду.

Жыйырма мүнөттөн кийин ал Айганыштын сырткы эшигинин коңгуроосун кагып турду.

- Кандайсың, жаным! - деди курбусу аны ичкери киргизип жатып. - Сени көргөнүмө кубанып турам!

- Жакшынакай болуп кетипсиң го! - деди аны эки бетинен өпкөн Гүлбарчын. - Эки бетиң албырып, тим эле бактылуу болуп алыпсың! Эмне болду анчалык?

- Азыр баарын угасың! Үстүңкү кабатка чык, балкондо отуруп сүйлөшөлү, - деп Айганыш эшикти жапты.

Күн батып баратты, бирок сыртта али жылуу. Айганыш балкондогу үстөлгө дасторкон жайып, салат, быштак, тууралган эт менен бир бөтөлкө кызыл шарап койду.

- Жолукканыбыз үчүн! - деп бокалын өйдө көтөрдү. Курбулар бокалдарын кагыштырышты, анан Гүбарчын:

- Иий, кайда жүрдүң жоголуп, айтпайсыңбы! - деди.

- Мен бирөөнү сүйүп калдым, - деди Айганыш көздөрүн жалжылдатып.

- Эмне? - деп кыйкырып жиберди Гүлбарчын. - Кимдин мээсин айлантып жатасың? Сүйүү деген бул эчак эле модадан чыккан, эркектер аны аялдарды кармап туруш үчүн гана ойлоп тапкан дечү эмес белең?

- Ооба мен айткам, бирок бул таптакыр башка жагдай, - деди Айганыш. - Болот экөөбүздүн ортобузда баары бүткөнүн билесиң да? Уялбай эле кой, ал сага барганын айтып койгон мага! Эмесе ошол, ажырашууну биринчи болуп мен сунуш кылдым. Ал сени жактырып калганын айтканда, андай болсо мен оюндан чыгам дедим.

- Бирок мен андай болушун каалаган эмесмин да! - деди Гүлбарчын. - Ойношуңду тартып алайын деген оюм да жок болчу!

- Аны айтпасаң деле билем, - деп колун шилтеди Айганыш. - Сени жалдырап, талып тиктеп жатканда эле баарын түшүнгөм. Ал эми сен баягүнү ресторандан чыккандан кийин Дастан менен кетип калсаң аябай капа болду. Биз менен кетет деп ойлосо керек сени. Кабагына кар жаап, ал күнү экөөбүз эки жакты карап үңкүйүп отурдук. Баса, өзүң да байкабай мага чоң жардам бердиң. Сен пайда болбогондо андан кол үзө албай жүрө бермекмин. Кел, анда экөөбүздүн бактылуу келечегибиз үчүн алып ийели!

- Бул тостуңа кошулам! - Гүлбарчын да бокалын көтөрдү. - А жаңы ойношуң ким? Эмне иш кылат?

- Укканда каткырасың го!

- Эмнеге?

- Ал актер! Кабатыр болбо, Бакыт Макешов эмес, анын досторунун бирөө. Биз бардан жолугуп калып, сүйлөшүп кеттик. Бакыт бир жакка бармак экен, экөөбүздү калтырып шашылыш кетти. Андан ары баары өзүнөн-өзү эле болуп кетти.

- Мен аны тааныбаймбы?

- Тааныбайсың го, ал али жылдыз эмес да.

- Кантип жан сактаганы жатасың?

- Билбейм, үйдү сатам го….

- Келесоо болбочу, Айка! Кенен-чонон жашаганга көнүп албадыңбы!

- Анча-мынча адаттарымды таштайм да. Сүйүү адамды укмуштай өзгөртөт тура. Мына, сени эле алалы да! Бир айдын ичинде эле болуп көрбөгөндөй өзгөрдүң! Гулечка, менин кандай бактылуу экенимди элестете да албайсың! Эч качан мынчалык бактылуу болгон эмесмин!

- Бактылуу болсоң эле болду. Сен үчүн аябай кубанып турам, - деди Гүлбарчын. - А ал кайда жашайт экен?

- Борбордук мечиттин жанында. Менден анча деле алыс эмес, - деди Айганыш.

- Анан эмне үйлөнгөнү жатасыңарбы? Сенден кайра ажырап каламбы?

- Үйлөнүп калышыбыз да мүмкүн! Ушундай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес эле, бирок кубанычым койнума батпай турат.

Айганыш кыткылыктап күлдү.

- Уккан кулагыма ишене албай турам! - деп улутунду Гүлбарчын.

- А сенчи Болотко эмне деп жооп берейин деп жатасың? - деп сурады курбусу. - Макул дей бер, өкүнбөйсүң! Ал сага үй, кычыраган машине сатып берет, банктан эсеп ачып берет.

- Анын аялы бар да!

Айганыш каткырып жиберди:

- Анын аялы мунун баарына макул болуп, көз жумуп жүргөнгө жедеп көнүп калган. Антпесе эчак эле ажырашып кетишпейт беле, акча үчүн баарына чыдап жүрөт да. Мен акы-чүкүсүн деле билбейм. Болоттун өзүнөн сурасаң.

- Катыны менен мамилеси кандай болсо да, ойнош күтүп эмне кылат дейм да, - деди Гүлбарчын.

- Аялдардын артынан чуркап, бал татыган сөзү менен ээритип отурганга анын убактысы жок, - деп түшүндүрдү Айганыш. - Анын ою боюнча ал каалаган учурда баары анын кумарын кандырганга даяр болуп туруш керек. Сексти тамакка окшотуп, тарелкага салып астына тартып турушса дейт. Напсиси да шумдук, өзүң көрдүң го. - Ал каткырып күлдү.

- Бирок мен ал "айт" дегенде "уйт" деп даяр боло албайм, - деди Гүлбрачын. - Анын кумарын кандырам деп жүрүп, ишимден чыгып калбайын. Анын үстүнө азыр! Толгон-токой пландарым бар, аларды ишке ашырамбы же Болоттун кумарын кандырамбы?

- Дагы эле биринчи орунга карьераңды коюп жатасыңбы! А ырахатты кантесиң? Темир эмес, тирүү адам болгондон кийин башың менен жер казып эле иштеп жүрө бербей, эс алып, чер жазыш да керек го! Жашоого башкача көз менен карап калдым деп атпадың беле?

- Айганыш, түшүнсөң, мен баары бир сендей эмесмин!

- Секстин таттуу даамын татканга чейин ошондой болгонсуң, - деп каршы болду Айганыш. - Азыр болсо таптакыр башка аялсың. Келбетиң тим эле миллион евролук!

- Аның чын. Бирок мен ээн-эркин болгум келет.

- Эркиндигиңди эч ким чектеген жок! Болот сенин денеңе толук ээлик кылгысы келбейт. Иши кылып, мен ал ары караса эле көзүнө чөп салып, каалаганымдай тайралаңдап жүрчүмүн.

- Болду, Айка, бул сөздү токтотолучу! Мени көндүрөм деп убара болбо! Андан көрө тамактаналычы! - деди Гүлбарчын. - Ушу эркектерден тажап бүттүм.

- Бул айтканыңа атам десең да ишенбейм! - деди Айганыш.

Курбулар каткырып жиберишти анан салат менен эттен жеп, артынан ак шарап ичишти. Ошол маалда кимдир бирөө сырткы эшиктин коңгуроосун какты.

Айганыш энеси эркек төрөгөнсүп эдиреңдеп сүйүнүп кетти.

- Сен келем деп чалганда эле мен аны чакырып койгом, - деди ал. - Жинденбейсиңби? Экөөңөрдү тааныштырып койоюн дегем.

- Кимди айтып жатасың? - деп сурады какап кала жаздаган Гүлбарчын.

- Жанагы актер жөнүндө айтып жатам да! Макул, мен аны ээрчитип келе калайын!

Бир аздан соң астыңкы кабаттан сүйлөшкөн үндөр угулуп, анан балконго жаш жигит чыкты.

- Салам, Гүлбарчын! Сени көргөнүмө кубанычтамын! - деп саламдашты ал Айганыш аны тааныштырганга чейин эле. Анын аты-жөнү Мыктыбек Апасов болчу.

Эртеси күнү саат тогузда телефон шыңгырады, Гүлбарчын али төшөктөн тура элек болчу.

- Кандайсың, Гүлбарчын? - деген эркектин сылык үнү угулду трубкадан. - Бул мен, Бакыт Макешовмун! Сенин зор ийгилигиң жөнүндө гезиттен окуп, куттуктап койоюн дедим.

- Бакыт, эмнени айтып жатасың? - уйку-соонун ортосунда эч нерсени түшүнбөй сурады Гүлбарчын. - Кайсы ийгилик?

- Кайсы болмок эле! Сенин "Таалайы тайкылар" сериалыңдын казак тармактык телевидениесиндеги ийгилиги жөнүндө айтып жатам.

- Аа, ошобу? Бирок ал фильм али тартыла элек да.

- Ошондой болсо да мен сенин кубанычыңды тең бөлүшкүм келди. Бул абдан жагымдуу жаңылык эмеспи, - деп тиги да өзүнүкүн койо бербеди. - Дагы бир жолу куттуктайм!

- Кечирип кой, Бакыт, бирок аны менен сенин ишиң канча? - деп кыжырлана сурады Гүлбарчын. - Дегеле менден эмне керек сага?

- Гүлбарчын, мен жөн эле фильмдин сценарийин кайра окуп чыктым жана өткөндө сиз экөөбүз жолугушканда туура эмес кылганымды түшүндүм деп айтып коеюн дегем.

- Туура эмес? Эмнени туура эмес кылыпсың?

- Баш тартып туура эмес кылыптырмын.. . Башкы ролду аткарууга эмне үчүн макул болгонумду түшүндүргөн пресс-релиз жарыялайбыз десең да болбой, көгөрүп баш тартпадым беле.

- Сен эмне, менин сериалымда тартылгың келип жатабы? - деп сурады туталанган Гүлбарчын.

- Ооба, ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры сенин сунушуңду кабыл алайын деп чечтим, - деп жооп берди Бакыт. - Ошондо катуу айтканым үчүн кечирип кой.. .

- Эмне, казак кыз-келиндердин жүрөгүн жаралайын дедиңби? - деп какшыктап сурады Гүлбарчын. - Бүтүндөй КМШга атагым чыкса деп ак эткенден так этип турасыңбы? Ага кошо Кыргызстандан алган гонорарыңан он эсе көп акча тапкың келип жатат. Ушулардын баарын жакшылап ойлондуңбу, Бакыт?

- Менин катышканым бул сериалды ого бетер популярдуу кылат го деп ойлогом, - деди Бакыт. - А сен кандай ойдосуң?

- Менимче, кымбаттуу Бакыт Макешович, мындан ары менин телефон номурумду унутуп эле койгонуң дурус ко! Сени сериалга тартмак тургай, көрөйүн деген көзүм жок! - деп бакырган Гүлбарчын телефондун трубкасын ыргытып жиберди.

Гүлбарчын тордолгон кара ич көйнөгүн кийди да, жумшак кездеме денесин назик сылаганда делебеси козголуп, ичиркенип алды. Ал жаңы кара чулкилерди салынган пакетинен ажыратып, кам каймактын үстүнө кошулган карагат кыямындай болуп, аппак денесин каптаган кара жука кездемеге суктанып, аны ырахаттанып кие баштады. Анан ал чулкилерин тартмаларга кыпчытып, ич көйнөгүн түздөп, бийик такалуу кара туфлисин бутуна кийди. Дагы он беш мүнөт бар. Ал эчак эле душка түшүп, чачтарын кургатып, жакшы көргөн атырынан алкымына сээп койгон. Эриндерин кочкул кызыл помада менен бойоп, көзүнө тень коюш гана калды. Аны азыр күзгүдөн карап турган аял мурунку Гүлбарчынга таптакыр эле окшобойт. Азыр ал ойношун күтүп, толкунданып турган, дене бою толукшуган бактылуу аялга окшоп калган жана бул кебетеси ага абдан жагып турду.

Өзүнүн сексуалдуу, жарым жылаңач тулку боюн көрүп алып ого бетер дүүлүгүп чыкты.

Эмчек кабынын өйдө жагынан бөрсөйүп чыгып турган кош алмасы, эки тоонун ортосундагы коктудай болгон ортосундагы эңкейиши жана оймоктой болгон үрптөрү көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Ичке бели, сымбаттуу сандары, чаткаягындагы тыкан кыркылган үч бурчтук түгү бейиш төрү биякта деп көрсөтүп тургансып, ал эми жыныс эриндери болсо, кызгылт тартып, табышмактуу үңкүрдүн кире беришиндей көрүнөт.

Үстү-башын моокуму канганча суктанып карап алган Гүлбарчын тумбочканын тартмасына колун созуп, анын ичинен вибраторду алып чыкты. Бул сыйкырдуу аспапка колу тийсе эле бүт денеси чымырап чыкмай адаты бар. Секс деген бийик дабанды ашууда жардам берип, кол сунган алгачкы жаш жолдошу катары ал Гүлбарчын үчүн абдан кымбат. Дал ушул сыртынан жөнөкөй көрүнгөн фаллоимитатор менен ал биринчи жолу дене кумарынын бал татыган даамын татпады беле. Көп эркектер менен төшөк оюнунун түрдүү ыкмаларын жасап көрүп, денесин секстен болуп көрбөгөндөй ырахат алууга көндүргөн Гүлбарчын жалгыз калганда баары бир ушу жөнөкөй вибратор менен өзүн кандырганды жакшы көрөт. Анткени качан гана колдонбосун, анысы Гүлбарчынга укмуш жыргал тартуулап турат. Айганыш аны белекке бербегенде дагы эле кынарсыз күндү көрүп жашай бермек да.

Курбусун эстеген Гүлбарчын кын тилин сылагылады. Айганыштын балконунда пайда болгон Мыктыбек Апасов эсине түштү. Аны көргөндө Гүлбарчын сандарын чапкылап каткырып жибере жаздап өзүн араң карманган. Дагы жакшы, анысын Айганыш байкабай калды. Курбусунун алеп-желеп болгон жүрөгүн оорутуп, бул жигит менен болгон көпкө созулбаган интимдик байланышы жөнүндө айткысы келген жок. Айганыш аны ээсин көргөндө тилин салаңдатып, куйругун шыйпаңдаткан күчүктөй болуп караганына караганда, тиги эргул аны бир нерсеси менен таң калтырган окшойт. Антпесе көптү көргөн кайран курбусу аны карамак тургай, жанына жолотмок да эмес. Бул жигитти кыртышы сүйбөгөнү менен Гүлбарчын Айганыш өз тагдырын өзү чечсин деп унчукпай кетип калган. Анткен менен курбусунан кол үзөйүн деген ою да жок жана керектүү учурда жардамга келүүгө даяр. Айганыштын кылган жакшылыгынан кийин Гүлбарчын ага өмүр бою карыз.

Ал кайрадан көңүлүн Айганыштын белектеринин бирине бурду. Вибраторду колуна кысып, тизелерин бүгүп, буттарын талтайтты да, туфлисинин бийик такасы менен шейшепти тепти. Андан кийин вибраторду түктүү аласына тыгып, аспатын түп жагындагы шакекчесин бурады. Дырылдаган жагымдуу добуш чыгып, денеси таттуу сезимге бөлөндү. Гүлбарчын көзүн жуумп, башын чулгуду. Толкундун артынан толкун түрүлүп келип, терисинин ар бир бүртүкчөсү жыргалга чөмүлдү. Гүлбарчын калтыраган колу менен аспаптын шакегин аягына чейин бурады жана ошол замат Дастан Бекбоевдин кеңсесинде үстөлдү таянып, тоңкоюп турган өзүн көрдү. Өзүн жоготуп койгон Гүлбарчын вибратордун тоголок башын кын тилине такаганда муундары калчылдап кетти. Булчуңдары чыңалып, көзү мунарыктап, күңгүрөнө онтоп жиберди. Гитаранын кылдарындай дир-дир эткен кан тамырлары менен жыйрыла түшкөн кыны алдыда оргазмын зор толкуну келатат, сак бол деп мээсине сигнал жөнөттү. Керебетте түпкүчтөй түйүлгөн Гүлбарчын кыл кыякта ойноп жаткан чебер музыкантча вибраторду кынына терең малып алып, кайра артка тартат. Ал озондоп онтогон үндөрдү угуп жатты, бирок ал үндөр өзүнүн көөдөнүнөн чыгып жатканына ишенген жок.

Араңдан зорго эсин жыйган Гүлбарчын вибраторду өчүрүп, чалкасынан түшүп, суналып жатып калды. Ошол маалда сырткы эшикти ачып, ичкери кирген бирөөнүн дабышы угулду. Гүлбарчын жылмайды: бул "Бүгүн кечки саат сегизде үйдөн күтөм" деп жазып, ачкычын кошо берип жиберген эркеги болчу.

Ал жолугушуунун планын: кийимин, аласына тыгылган вибратор менен керебетте чалкасынан жаткан абалда тосуп аларын жана жадагалса ал кирип келгенде эмне деп айтарынан бери кылдат ойлонуп чыккан.

Кадамдар угулбай калды, коногу чоочун үйдө адашып калды окшойт.

Өзүнүн адепсиздигине таң калган Гүлбарчын дем албай дымып жатып калды. Бирок ал жагдайды толугу менен көзөмөлдөп турат, эмнени кааларын жана ага кантип жетиш керек экенин да эң сонун билет.

Уктоочу бөлмөсүнүн эшигин кыңкайтып ачып койгон, пардаларды тартып, шам чырак жаккан.

Акыры босогодо колуна бир бөтөлкө шампан көтөргөн ал пайда болду. Гүлбарчындын аласынан чыгып турган вибраторду көргөндө мылжыйып күлүп, "кулк" эткизип шилекейин жутуп алды.

- Шумдук жатып алыпсың го, эркем! - деди жоон үнү менен.

- Сен келгенче дене боюмду жазып турайын дедим.. . - деди Гүлбарчын сандарын кыймылдатып.

Вибраторго жан кирдиби өзүнөн-өзү кыймылга келип, кынга бир аз тереңирээк кирип кетти.

- Кызык гимнастика экен, - деп күңкүлдөдү мейман.

- Эми сен келип калган соң.. . - деп Гүлбарчын көчүгүн кысты эле вибратор жылуу ийинден жылмышып чыгып, шейшепке кулады.

Мейман Гүлбарчындын сууланышкан аласынан көзүн албай жалдырап турат. Анысы кылыктана тигиге көз кысып да койгондой көрүнүп кетти.

Ал тамагын кырып жөтөлдү да:

- Мени менен эмнени сүйлөшөйүн дедиң эле? - деп сурады.

- А сен эмне, дагы эле түшүнгөн жоксуңбу? - деди Гүлбарчын. - Дагы көпкө күтөмбү эми?

Эркек шашып-бушуп чечине баштады.

- Сен керемет жансың, Гүлбарчын! - деди да, керебетке басып келатып, көйнөгүн чечип ыргытты.

Гүлбарчын бутун сунуп, анын зиңкийген пенисине такасын тийгизди. Анысы тамылжып, титиреп кетти.

Майкасын чечип ыргыткан эркек Гүлбарчындын үстүнө секирип, аспабын кынына тыгып жиберди да, оозунан кумарлана өпкүлөп кирди. Сууланышкан ысык кынга кирип, жатын мойнуна жете түшкөн алигиси бейиштин төрүнө киргенсип жыргай түштү.

- Берекем десе, алаң тим эле жалбырттап күйүп аткан го! - деген эркек кара терге түшүп, бүт тулкусу менен жүткүнүп, бир ыргакта кыймылдап иштеп жатты.

- Сага деп атайылап ысытып турбадымбы, - деди Гүлбарчын күлүмсүрөп.

- Мындай ысык экениңди билсем чакыртпай эле келбейт белем! - деди мейман.

Гүлбарчын буттарын анын белине ороп, колдорун мойнуна артты. Көчүгүн котос тереңирээк киргидей кылып, бир аз өйдө кылып, бир калыпта кыймылдатты. Көп өтпөй кынга кысылган аспап титиреп кетти.

- Бүгүн күүгө кирген айгырдай эле аңыраңдайсың го! - деген Гүлбарчын анын албырган мойнунан өптү.

- Мен дайыма эле ушундаймын! - деп өзүнө-өзү ыраазы болгон коногу аспабы менен кынды болгон күчү менен тарсылдатып койгулап кирди.

Бир азан кийин Гүлбарчын экинчи оргазмга кабылды. Тырмактары үстүндөгү эркектин далысына матырылып, кыны аспапты бекем кысты.

Башта эркектер келишкен мүчөсүн эзгилеп өз кумарын кандырып алып жолго түшүшчү, андай өзүнөн башканы ойлобогон өзүмчүл наадандарга эми чыпалагын да карматпайт. Мындан ары Гүлбарчын каалаган эркегин өзү чакырып, төшөк оюнун өзү башкарат жана ага оюна келгендин баарын жасатат.

Бара-бара иштин кызыгына баткан эргул Гүлбарчындын буттарын эки ийнине асып, кертмегинин башын кындын башка бурчуна туштап, мурдагысынан да күчөп иштеп жатат. Котос улам кирген сайын тереңдеп табышмактуу үңкүрдүн түпкү катмарларын изилдеп чыгып жатты. Гүлбарчын көздөрүн чылк жумуп, башын эки жакка чулгуп, үнүнүн болушунча кыйкырат. Бир оргазмдын артынан экинчиси жете келип, улам жаңысы бир башкача курч сезимдер менен коштолот. Акырында шайы оогон Гүлбарчындын жанчылган денеси оргазмга тоюп, андан ары дене жыргалын сезбей калгандай туюлду.

Поделиться

Аягы

Башка китептерин окуу учун картинканы басыныз